Линктер

бейшемби, 18-июль, 2019 Бишкек убактысы 06:40

Борбор Азия

ЭГЕР БЕРДЫМУХАМЕДОВ ПРЕЗИДЕНТ БОЛУП ШАЙЛАНСА...

Түркмөнстандын президентинин милдетин аткарып жаткан Курбангулы Бердымухамедов маркум Түркмөнбашынын саясатын ырааттуу улантууга сөз берүүдө. Ошол эле маалда ал эл бир нече жолку сөзүндө реформалдарды жүргүзүүгө далаалаты бар экенин кыйытты.

Түркмөнстандын мамлекет башчысынын милдетин аткарып жаткан Бердымухамедов мектептердин окуу программаларын калыбына келтирип, Түркмөнбашынын учурунда алынып салынган физика, математика сыяктуу фундаменталдык илимдерди кайрадан киргизүүгө убада берди. Балдар орто билим алуу үчүн эми тогуз жыл окубай, мурдагыдай эле 10 жыл окушат.

-Бул өзгөртүүлөр биздин жаштарыбыз дүйнөнүн жогору окуу жайларында окууга мүмкүнчүлүк алуусу үчүн жүргүзүлүп жатат. Биздин жаштарыбыз Америка: Англия, Германия жана Европанын башка өлкөлөрүндө, Японияда жана Кытайда окуй алышы керек, -деди Бердымухамедов.

Ниязовдун учурунда жабылып калган жергиликтүү ооруканалар кайрадан ачылып, элет калкы медициналык тейлөө менен камсыз кылынмакчы. Бирок, бул боло турган өзгөрүүлөрдүн майдалары гана. Риа-Новости кабар агенттигинин маалымдашынча, Бердымухамедов эгерде 11-февралда президент болуп шайланса, тоталитардык системаны жойуп, өлкөдө көп партиялуулукту киргизүүгө ниеттүү экенин кыйытууда.

Андан сырткары Түркмөнстан өзүнүн газ экспортун Россиядан көз каранды эмес кылууну көздөйт. Бул саамалык Ниязовдун көзү тирүү кезинде эле көтөрүлүп, Кытайга газ куурун салуу жөнүндөгү макулдашууга кол койулган. Кытай жетекчилиги Түркмөнстандан 2009-жылдан баштап 30 жыл бою газ импорттоого макул болгон. Ошону менен бирге эле Ооганстан аркылуу Пакистанга жана Индияга газ куурун алып өтүү долборун ишке ашырууга чара көрүлдү.

Ниязов бийлигинин имындай аракеттерине нааразы болгон Россия акыры Түркмөнстандын арзан газынан кол жууп калбас үчүн газдын баасын мурдагыдан жогору баа менен сатып алууга макул болду. Мурда Россиянын Газпром монополисти түркмөн газын миң кубометрине 45 доллардан сатып алган болсо, эми 100 доллардан төлөп, Россиянын капчыгына түшүп жаткан пайда кыйла азайды.

Бирок, Москва дагы эле олчойгон пайда көрүүдө, мисалы Россия түркмөн газын Германияга миң кубометрин 320 доллардан сатат.

Энергия экспортун структурасын өзгөртүү максаты менен Түркмөнстан азыр газын Батышка Каспий деңизинин түбү менен, андан ары Азербайжан аркылуу алып өтүү планын ойлонуштуруп жатат. Бирок, бул дымактуу планды ишке ашырууда бир топ кыйынчылыктар бар. Биринчиден деңиз түбү менен бородой салуу эбегейсиз инвестицияны талап кылат, ал эми экинчиден Каспий кылаасындагы мамлекеттер деңиз чек аралары боюнча орток келишимге кол койо элек. Түркмөнстандын газ экспортун диверсификациялоосуна нааразы болуп турган Россия мында маселе чыгараары шексиз.

Ошого карабастан оптимисттик көз караштар да бар. Россиядан энергия жагынан көз каранды эмес болууну көздөп жаткан Батыш мындай долбоорго кызыкдар болушу мүмкүн. Бул долбоорду ишке ашыруу энергияны курал катары пайдаланып келаткан Россиянын Түштүк Кавказдагы кийлигишүүсүн да азайтмакчы.

Баян Жумакадыр кызы, Прага

НАЗАРБАЕВ ГЕРМАНИЯНЫН ӨКМӨТ БАШЧЫСЫ МЕНЕН СҮЙЛӨШТҮ

Баян Жумакадыр кызы, Прага Германияга иш сапары менен келген Казакстан президенти Нурсултан Назарбаев кечээ 30 январда Берлинде Германиянын өкмөт башчысы Ангела Меркель менен жолугушуп, эки өлкөнүн орток экономикалык алакаларын өөрчүтүү маселесин жана Еврошаркетттин Борбор Азия саясатын талкууга алды.

Назарбаевдин визити Германия Еврошаркетке ротациялык ыкма боюнча ушул жарым жыл ичинде төрага болуп, ал эми Чоң сегиздик өлкөлөргө жыл бою жетекчилик кыла турган маалга туш келип олтурат. Еврошракеттин төрагасы катарында Германия Борбор Азия өлкөлөрүнө карата туруктуу стратегияны иштеп чыгууну колдойт.

-Борбор Азия Еврошаркетке төрагалык кылып жаткан Германиянын көңүл чордонундагы маселелердин бири жана биз бул региондогу өлкөлөр менен, айрыкча Казакстан менен интенсивдүү алакаларды жүргүзүүнү колдойбуз,- деди Берлиндеги жолугушуудан кийин сүйлөгөн сөзүндө Германиянын өкмөт башчысы Ангела Меркель.

Назарбаевдин Берлинге келиши Россиянын Украина жана Беларусияга карата жүргүзгөн саясатынан улам талаш чыгып, Европага газ жана мунай берүү үзгүлтүккө учурап, Европанын энергетикалык коопсуздугуна байланыштуу маселе кабыргасынан койулуп жаткан учурга туш келди. Энергия ресурстарына бай Казакстан, ДПА кабар агенттигинин маалымдашынча, Германияны энергия менен камсыз кылып турган беш ири экспортердун бири. Өз кезегинде Казакстан немец өндүрүүчүлөрү үчүн маанилүү рынок. Бул жөнүндө Германия чарбасынын Чыгыш маселелери боюнча комитетинин төрагасы Клаус Мангольд Назарбаевдин немец ишкерлери менен жолугушуусу учурунда билдирди. Анын айтымында, эки өлкөнүн орток соодасы жылына кеминде 4 миллиард еврону түзөт.

Эки өлкөнүн алакаларын өнүктүрүүгө ошондой эле Германияга көчүп кеткен бир миллиондой казакстандык немецтер жана Казакстанда жашап жаткан 300 миң кишидей немец калкы огожо боло алат.

Германия Казакстандын өлкөдө демократияны өнүктүрүүдө жана экономикалык рефомаларды жүргүзүүдө жетишкен ийгиликтерине оң баа берди.

-Казакстан постсоветтик аймактагы өлкөлөрдүн ийгиликтүүсү жана немец инвесторлору бул өлкө менен стратегиялык кызматташууга далалаттанат. Мунун баарын билип турган Казакстан президенти биз менен кызматашууга даяр экенин көрсөтүү үчүн Берлинге келди ,-деди Германиянын тышкы мамилелер боюнча кеңешинин аналитиги Александр Рау.

ӨЗБЕКСТАНДЫК УКУК КОРГООЧУ НАРГИЗА ТУРДУЕВА КАМАККА АЛЫНДЫ

Кубанычбек Жолдошев, Ош Өзбекстандык укук коргоочу Наргиза Турдуеванын Кыргызстандан баргандан кийин чукул арада камакка алынышы Оштогу бир катар укук коргоочулардын нааразычылыгын жаратты. Бул тууралуу алар эл аралык укук коргоо уюмдарынын атына атайын кайрылуу жолдошту.

Өзбекстандык укук коргоочу Наргиза Турдуева бизге жеткен маалыматтарга караганда саясий куугунтукта болгондуктан 2005-жылдан бери Кыргызстанда баш калкалап жүргөн. Оштогу айрым бир укук коргоочулардын сөзүнө караганда, Өзбекстандагы атайын кызмат органдарынын оозэки кепилдигинен соң Турдуева мекенине кайтып бара жаткан жеринен чегарадан эле камакка алынган.

- Наргиза Турдуева Өзбекстан менен Кыргызстандын ортосундагы чегарада кармалып калганын уктук, окудук бул маалыматты. Аны өтө капалануу менен кабыл алдык. Эмне дегенде бул аялдын өзүнүн укуктук, энелик укугуна шек келтирилип калды. Биздин эң жакын коңшулаш өлкөбүздө болуп аткан иштер бизди албетте кандайдыр бир капаланууга, ойлонууга мажбурлайт, - деди “Жарандар коррупцияга каршы” укук коргоо уюмунун түштүк өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Алима Шарипова.

Ош шаарында баш калкалап жүргөн дагы бир өзбекстандык укук коргоочу Дилбара Коджаеванын айтымында, Анжиян окуяларынан кийин Кыргызстанга өтүп келген укук коргоочулардын дээрлик бардыгы баргандан соң камакка алына баштады:

- Ал жакта адам укугу деген мыйзам кагазда гана. Бир гана нерсе бул бийликтин эрки. Каалаганын мойсоп жок кылып келе жатат. Өздөрүнө жакпаган нерсенин бары алар үчүн жок болууга тийиш. Бул орто кылым сарпындысы качанкыга чейин жашайт эч ким билбейт.

Расмий эмес маалыматтарга караганда, Наргиза Турдуева Кыргызстандан баргандан кийин кармалган, же болбосо бул жактан баргандан кийин камакка отургузулган он биринчи укук коргоочу болуп саналат.

Жергиликтүү талдоочу Нурбек Алибеков акыркы кадамдары менен өзбек бийлиги күнү бүтүп бара жаткан абалды элестетип жаткандыгын айтты:

- Өзбекстандык укук коргоочу Наргиза Турдуеванын Кыргызстанга келгенден кийин Өзбекстанда расмий бийликтин кысымы тарабынан кармалышы, мен ойлойм, Ислам Каримовдун бүтүндөй дүйнө жүзүнө белгилүү болгон режиминин дагы бир фактысы. Буга көп деле таң калуунун, кыжырдануунун, тынчсыздануунун деле анчалик зарылдыгы жок. Анткени дүйнө коомчулугу билет. Мен ойлойм, бул Ислам Каримовдун режиминин жетер жерине жетип, айласы түгөнүп бара жаткан эң акыркы кадамдары.

Өзбекстандык укук коргоочу Наргиза Турдуевага коюлган айыптоо жана анын андан аркы тагдыры тууралуу бирине бири карама-каршы келген маалыматтардан сырткары азырынча расмий билдирүү жарыялана элек.

ЖАҢЫ КАЗАК ПРЕМЬЕРИ БОЛУП КАРИМ МАСИМОВ ДАЙЫНДАЛДЫ

Нарын АЙЫП, Прага Казакстандын жаңы премьер-министри болуп 10-январда парламент тарабынан Карим Масимов бекитилди. Айрым эксперттер аны - президент Нурсултан Назарбаевдин эки күйөө баласы ортосундагы күрөштө Тимур Кулибаев жеңип чыкканынын белгиси деп чечмелөөдө.

Казак жана орус маалымат каражаттары кабарлаганга караганда, улуту боюнча уйгур Карим Масимов - президент Нурсултан Назарбаевдин экинчи күйөө баласы Тимур Кулибаевдин адамы. Айрым эксперттердин пикиринде, Назарбаев менен теңтуш түркмөн президенти Сапармурад Ниязов 66 жашында күтүүсүздөн дүйнөдөн кайткандан кийин, Назарбаев алдында - эгер кокус бир нерсе болуп кетсе, Казакстанды кимге калтыруу маселеси пайда болду жана ал маселени президент экинчи күйөө баласынын пайдасына чечкен сыяктуу.

"Центразия" интернет-сайтынын баш редактору, өзү Казакстанда туулуп-өскөн Виталий Хлюпиндин айтымында, Тимур Кулибаев менен улуу күйөө бала Рахат Алиев ортосунда көптөн бери күрөш жүрүп келатат жана акыркы жылдарда Алиев менен Дарига Назарбаева утулууда - Кулибаевдин адамдары өлкөнүн негизги өкмөттүк компаниялары менен банктарына ээлик кыла баштады.

Ошол эле Хлюпиндин жазганына караганда, Масимов жаш ишкер болуп жүргөндө Назарбаев ойногон теннис ракеткасын аукциондо көптөгөн акча төлөп сатып алып көзгө көрүнгөн, кийин болсо президентке таза алтындан жасалган шахмат белек кылган. Өкмөттү башкарган учурунда болсо эми ал президенттикке Тимур Кулибаев келишин камсыз кылуу үчүн иштеш керек.

Сегизинчи январда премьер-министр Даниал Ахметовдун күтүүсүздөн кызматтан кетишине орчундуу себеп болгон эмес жана бардык эксперттер - бул өкмөт өтө узакка иштеп калды, өз мүмкүнчүлүктөрүнүн баарын ал пайдаланды жана өлкөнү алдыга жылдыруу үчүн жаңылануу керек болчу деп айтууда. Ахметовдун кабинети чындап эле мурдагы өкмөттөргө караганда анча-мынча узагыраак - үч жылдан ашык иштеди.

Карим Масимов - Казакстандын көз карандысыздык 15 жылындагы сегизинчи премьер. 1989-жылдан 1991-жылга чейин казак өкмөтүн Узакбай Караманов башкарган, аны алмаштырган Сергей Терещенко үч жылга жакын иштеген, анын ордуна 1994-жылы келген Акежан Кажегелдин дагы үч жыл иштеген жана президент менен пикири келишпестен, сүргүнгө кетип, эмгиче чет өлкөдө жашайт.

1997-1999-жылдарда казак премьери болуп Нурлан Балгимбаев эмгектенген, азыр ал бизнесте, аны алмаштырган Касымжомарт Токаев үч жылга жакын иштеди жана азыр тышкы иштер министри, аны 2002-жылы алмаштырган Имангали Тасмагамбетов болсо азыр Алматы шаарынын мэри.

Премьер болуп дайындалгандан кийин, Масимов - президент Назарбаевдин көңүлүн калтырбаган жардамчы бойдон калаары тууралуу билдирди: "Мен бир нерсени айта кетким келет, ал мен үчүн өтө маанилүү. Нурсултан Абишевич, сиз мага ишеним көрсөтүп, бир кезде мени өзүңүзгө жардамчы кылып дайындагансыз. Менин айтайын дегеним - мен азыр дагы, келечекте да такай сиздин чыныгы жардамчыңыз бойдон кала берем", - деди жаңы премьер.

Кырк бир жаштагы Масимов, айрым маалыматтарга караганда, СССР учурунда аскерий чалгындоо кызматынын агенти болгон, англис жана кытай тилдерин билет. Маскөөдөгү Патрис Лумумба университетинде, андан соң Кытайдын Ухань шаарындагы университетте окуган, андан кийин Үрүмчү жана Гоңконг шаарларында иштеген. Кийинки жылдарда Эл банкына жетекчилик кылып, андан соң унаа министри болуп дайындалган, 2003-жылдан 2006-жылга чейин президенттин жардамчысы болгон жана былтыртан бери вице-премьер болчу.

КАЗАК ӨКМӨТҮ КЫЗМАТТАН КЕТТИ

Казакстандын өкмөтү кызматтан кетти. Премьер-министр Даниал Ахметовдун жумуштан бошонум сураган арызын кечээ президент Нурсултан Назарбаев кабыл алды. Жаңы премьердин талапкерлигин президент эртең, шаршемби күнү парламенттин кошмо жыйынында сунуш кылганы жатат.

Даниал Ахметов өкмөттү 2003-жылдын жайынан бери жетектеп келген эле. Казакстан эгемендик алган жылдары премьерлик кызматта мынчалык узак мөөнөт отурган эч ким болгон эмес. Жергиликтүү айрым байкоочулар өкмөттүн отставкасына дал ушул жагдай себепчи болду дешет. Даниал Ахметов өзү болсо ага чоң ишеним көрсөтүп, үч жарым жыл иркектеше иштегенге мүмкүндүк бергени үчүн президент Назарбаевге ыраазылык билдирди.

Даниал Ахметовду байкоочулар соңку он беш жылдагы эң ооматтуу премьер катары мүнөздөшөт. Экономикалык өнүгүүнү жана стабилдүүлүктү камсыз кылууда анын айныксыз салымы болду дешет. Ошол эле учурда инфляцияны ооздуктоодо, монополисттерге каршы күрөштө,мамлекеттик аппаратта тартипти чыңдоодо, нормалдуу бюджет саясатын жүргүзүүдө акыркы кездери өкмөттүн иши аксай баштаганын да белгилешет. Өзгөчө социалдык программалардын көбү өтөсүнө чыкпай, үзгүлтүккө учурай баштады. Президент Назарбаев,сыягы,ушул проблемаларды кыйла жигердүү чече алган жаңы премьер керек деп чечкен окшойт.

Айрым маалыматтарда кызматтан кеткен өкмөттө Ахметовдун орунбасары болуп иштеп келген Карим Масимовду президент Назарбаев эртең парламенттин эки палатасынын кошмо жыйынында премьерликке көрсөткөнү жатканы,атүгүл бул тууралуу жарлыктын долбоору даяр турганы айтылат. Масимов кырк эки жашта. Пекинде тил институтун бүтүргөн,экономика илиминин доктору, бир катар кызматтарда иштеп, былтыр январда вице-премьерликке дайындалган. Ахметовдун ордун басканга жарайт делинген талапкерлер арасында анын аты да аталган эле.

Ал эми Казакстандагы көз карандысыз байкоочулар тобунун жетекчиси Дос Кошим өкмөт башчысын алмаштыргандан көп деле маселе чечилбейт деген ойдо. Казакстанда өкмөт башчы ким болбосун,саясий,социалдык жана экономикалык чөйрөдө эч кандай өзгөртүү жасап жибере албайт. Баары жалгыз президенттин эрки жана амири менен гана чечилет,дейт ал.

АКШнын ӨЗБЕКСТАНГА ЖАРДАМЫНЫН ПАЙДАСЫ АЗ БОЛДУ

Кошмо Штаттарынын коопсуздук жаатында көрсөткөн жардамы Өзбекстан сыяктуу репрессивдүү өлкөлөргө караганда, демократиялык система куруп жаткан өлкөлөрдө майнаптуу болду. Бул тууралуу Ранд корпорациясы жүргүзгөн изилдөөнүн жыйынтыгында айтылат. Ранддын отчетунун авторлорунун бири Олга Оликердин Азаттыкка берген маеги менен Жаңыл Жусубжан тааныштырат.

Аталган отчетто АКШнын Ооганстанга, Пакистанга, Эл-Салвадорго жана Өзбекстанга көрсөткөн коопсуздук жаатындагы жардамына баа берилген. Олга Оликердин айтымында, бул жардам Ооганстанда салыштырмалуу жакшы жыйынтык берген. Ал эми Өзбекстанга байланыштуу отчетто реформаларды күч алдырууда АКШнын жардамы анчейин майнапсыз болгону айтылат.

Оликердин сөзү боюнча, Кошмо Штаттары Өзбекстандагы адам укуктарынын абалына жетиштүү эле көңүл бөлгөн, бирок өзү каржылаган программалардын ишке ашырылышына жетиштүү көзөмөл жүргүзө алган эмес.

Өзбек сотторун кайра даярдоо жаатындагы программаны алсак, акыйкат сот жүргүзүү, ар бир тараптын айткандарын эске алуу, шектүү кылмышкерлердин укуктарын коргоо сыяктуу маселер камтылган даярдоо курстарына көп сандаган соттор катышкан. Бирок, Өзбекстанда мурдагыдай эле айып тагылган ар бир адам сөзсүз күнөөлүү деп табылат. Башкача айтканда, бул чечимдерди чыгарган соттор америкалык программадан өткөндүгү тууралуу күбөлүк алардан мурда "ооба, адам укуктарын урматтайм" деп туура жооп бергенди үйрөнгөнү менен, иш жүзүндө акыйкаттык системасында дээрлик өзгөрүү болгон эмес.

Эгер мындай программалардан жыйынтык болбосо, Кошмо Штаттары жардамын токтотушу керекпи?

Бул суроого жооп берип жатып, изилдөөнүн автору жардамдын улантылышы тармакка жана программанын түрүнө жараша болоорун белгиледи. Мисалы, Өзбекстандын тартип коргоо органдары менен жүргүзүлгөн наркозаттардын аткезчилигине каршы күрөш программасынын канчалык майнаптуулугун аныктоо кыйын, анткени анын жүрүшүн көзөмөлдөө чектелүү мүнөзгө ээ.

Мындан тышкары экспортту көзөмөлдөө жана куралдардын таркашына жол бербөө сыяктуу программалар бар. Оликердин айтымында, өзбек бийликтери тарабынан бул программаларга жетиштүү көңүл бурулган эмес. Ошондой эле өзбек өкмөтү репрессияларды күчөтүп, маалымдуулукту жана жоопкерчиликти азайтуу аркылуу коопсуздукту бекемдөөгө болот деп ишенет, ал эми Кошмо Штаттары коопсуздукту бекемдөөнү жоопкерчилик менен маалымдуулукту күч алдыруу менен тең алып жүрүүнү туура деп эсептейт. Ушуга байланыштуу, эксперттин айтымында, Кошмо Штаттары уланып жаткан программаларга тийиштүү баа берип, жыйынтык бербегендерин токтотсо максатка ылайык болот.

ТҮРКМӨНСТАН: ПРЕЗИДЕНТТИККЕ “БАШКЫ ТАЛАПКЕР” ЖАНА ДАГЫ БЕШӨӨ

Түркмөнстанда 11-февралда өтө турган президенттик шайлоого даярдык көрүлүп жаткан кез. Президенттик шайлоого алты талапкер аттанганы – Түркмөнстан үчүн жаңы көрүнүш, чоң жаңылыкка айланды. Андагы башкы талапкер – президенттин милдетин аткаруучу Гурбангулы Бердымухаммедов маркум Түркмөнбашынын жолунан кайтпай турганын кайталаганы менен, айрым эркиндиктерди берүүгө сөз бере баштады.

Бердымухаммедов жөнүндө 21-декабрда экс-президент Ниязовдун жүрөгү токтоп калганга дейре Түркмөнстанда угуп-билгендер аз эле. Саламаттыкты сактоо министри, вице-премьер болуп жүргөндө ал аз сүйлөгөн, коомчулукка өзүн тааныштырууга ашыкпаган саясатчы болчу. Сапармурат Ниязов каза тапкан күндөн тарта Бердымухаммедовдун жылдызы өйдөлөп, атүгүл аны президенттин милдетин аткаруучу кылып дайындаш үчүн алеки заматта өлкө конституциясы оңдолуп жазылды.

Президенттикке талапкер болуп катталган алты кишинин бири – Түркмөнстандын газ, мунай жана минералдык ресурстар боюнча министр орун басары Ишангулы Нурыев.

- Эгерде мени Түркмөнстандын президенти деп атасаңар, куда кааласа, газ, мунай тармагынын кызматкери катары буларды өндүрүүнү көбөйтөм деп сөз берем. Социалдык тейлөөнү жакшыртып, айыл чарбаны өнүктүрүп, жаңы үйлөрдү куруп, медицина, билим берүүнү жакшыртам. Жаңы айылдарды куруу – менин саясатымдын артыкчылыктуу багыты болмокчу.

Нурыевдин президент кылып шайласаңар дебей, “атасаңар” дегени бекеринен эмес. Түркмөнстан көз карандысыздык алган 1991-жылдан бери 1992-жылы өткөн жалгыз президенттик шайлоодо Ниязов бир добуштан шайланып, эки жылдан кийин өткөн жалгыз парламенттик шайлоодо 50 орун үчүн 51 гана талапкер катталган. Андыктан “атаандаш” деген сөз түркмөн коому үчүн жаңы термин десек болот.

Эл аралык коомчулук жана түркмөн эли эми жаңы бийликтин саясаты кандай болот деп күтүп калган кез. Ашгабатта президенттик шайлоо кампаниясын баштаган алты талапкердин баары президент Ниязовдун саясатын улантабыз деп сөз беришти. Ошентсе да, коомчулукка айрым жаңы убадалар да айтыла баштады. Президенттин милдетин аткаруучу Гурбангулы Бердымухаммедов, маселен, интернетти колдонууда эркиндик берилет деп билдирди.

- Биз транспорт жана байланыш тармагын өнүктүрүүгө тийиштүү шарттар түзөбүз. Бул тармакка өзгөчө көңүл бурулат. Акыркы технологиялардын бири – интернеттен ар бир түркмөн пайдалана алат.

Ашгабаттын көпчүлүк ырасмий өкүлдөрү “болочок президент” атай баштаган Бердымухаммедов андан сырткары жаңы завод-фабрикаларды куруп, жумуш орундарын ачуу, үй-жай курууга жеңилдетилген насыялар бердирүү, пенсионерлердин жашоо-турмушун жакшыртуу пландарын жарыялады.

Түркмөнстандын Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы жана өкмөттүн бир катар мүчөлөрү маалымат каражаттарына берген интервьюларында Бердымухаммедов баарынан татыктуу талапкер экенин ачык эле айтып киришти.

Ошентсе да, байкоочулар буга чейин атаандаштык негизде президенттик шайлоо болуп көрбөгөн Түркмөнстан үчүн 11-февралдагы өнөктүк чоң жылыш болоорун айтышууда.

НОВОСИБИРСКТЕ ОРТО АЗИЯЛЫКТАРДЫ УРГАН СКИНХЕДДЕР ТҮРМӨГӨ ОТУРУШАТ

Төрөкул Дооров, Москва 28-декабрь күнү Новосибирск областынын Бердск шаардык соту үч скинхедди эркинен ажыратуу боюнча өкүм чыгарды. Ал скинхеддер 2005-жылы Бердск шаарында иштеген өзбекстандык жана тажикстандык мигранттарды сабап кетишкен болчу.

Новосибирсктеги скинхеддердин тобу боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында төрт адам айыпталган. Алардын ичинде үчөөсү 5 жарым жылдан 8 жылга чейин күчөтүлгөн режимдеги түрмөгө отургузулат. Бирөөсү 160 миң рубль айыпка жыгылды. Ага «вандализм» боюнча айып тагылган экен, тергөө иши бүткөнчө анын жаза мөөнөтү да аяктап калыптыр. Ошон үчүн акталып кетти.

Ал эми калган үчөөсү орус Кылмыш кодексиндеги бир топ беренелер боюнча айыпталган. Айыптардын ичинде «экстремисттик топто болгон», «башка адамга атайылап кол салган», «башка адамга улутук өзгөчөлүгү үчүн кол салган», «уруп кеткен» дегендери бар. Бирок сот бул балдарды «экстремисттик топто болгон эмес» деп тапты. Демек, ал скинхеддер эч кандай топто болбоптур, өздөрү гана көчөдө чет-элдиктерди тутуп алып эле сабап жүрүшкөн экен.

Москвадагы адам укуктары боюнча «Сова» борборунун аналитиги Галина Кожевникова «Азаттыкка» билдиргендей, Новосибирск областында аяктаган бул ишти, кайсыл бир деңгээлде, «сот ишиндеги жалыңык» деп атаса да болчудай.

- Бердскидеги скинхеддер боюнча процесс өтө тез өттү десем болот. Адатта, кылмыш топторуна каршы ачылган иштер узакка созулуп кетет. Бул – адатка айланып калган практика. Мисалы, жарым жыл мурда ошол эле Новосибирскиде скинхеддерге каршы чыккан өкүм 3 жылга созулган эле. Соңку ишке жарым жылда эле чекит коюлду. Бул өтө тез.

«Сова» борборунун маалыматына ылайык, 2006-жылы ксенофобиялык чабуулдардан өлкөдө 500 дөй адам жапа тартты.

Жергиликтүү социологдор «орустар арасында чет-элдиктерди жек көрүү сезими жыл өткөн сайын көбөйүп атат» деп айткан туура эмес дешет. Болгону – ал жек көрүү сезимин ачык билдирүүнү каалагандардын саны өстү. Ошондуктанбы, айтор, мында бийликтердин, өзгөчө, укук коргоо органдарынын проблемага кайдыгер мамилеси себеп болуп жатканы айтылууда.

Жакында киши колдуу болгон журналист Анна Политковская өзүнүн макалаларынын биринде тажиктерге кол салган скинхеддер эмне үчүн жазага тартылбай жатат деп милицияга кайрылганын айтат. Буга жооп иретинде милиция: «Сиз биздин балдар түрмөгө түшүп калышын каалайсызбы? Кайдагы бир тажикке бооруңуз ооруйбу?», - деп сурашканын жазган эле А.Политковская.

Иши кылып, жөнөкөй милицияга орус жериндеги ксенофобиянын түпкү мааниси азырынча толук жете элек болсо да, аны менен күрөшүү зарылдыгын сот органдары түшүнүп баратат окшойт. «Новосибирсктеги сот органдарынын иши буга далил», - дейт Галина Кожевникова.

- Новосибирсктен келген жаңылык, жок эле дегенде, ал жердеги прокуратура чын эле облустта скинхеддердин тобу бар экенин моюнга алганын көрсөтөт. Андан сырткары, Бердск шаардык соту муну мойнуна алып эле тим болбостон, Петербургдагы соттордон айырмаланып, ага каршы өкүмүн да чыгарды, иш тартибин жакшырта баштады. Бул - өтө чоң прогресс, - деп эсептейт Москвадагы «Сова» укук коргоо борборунун аналитиги Галина Кожевникова.

Бердск шаарында скинхеддерге каршы иш былтыр козголгон эле. 2005-жылдын 30-сентябрында 15тей скинхед топтолуп алып, Өзбекстандан келген эмгек мигранттарына кол салышат.

Ошол эле жылы 23-октябрда ал жактагы улутчулдар тажикстандык мигрантка жети жолу бычак сайышат. Мигрант тирүү калган экен. Бирок скинхеддердин чабуулу аны менен эле бүтпөйт. Скинхеддер ошол күнү дагы бир тажикти тутуп, сабап кетишкен.

Кийин бул ишке сот органдары көңүл бурбай кое алышпады. Анткени жергиликтүү соттор буга чейин башка скинхеддерге чыгарган «өтө эле жумшак» өкүмүнүн айынан кескин сынга алынышканы бар. «Бул жолу алар ишке тажрыйбалуу болуп калганын көрсөтүштү», - дейт Г.Кожевникова.

НИЯЗОВ ӨЛДҮ, БИРОК НИЯЗОВИЗМ КАЛДЫ

Баян Жумакадыр кызы, Прага 26-декабрде Түркмөнстандын эң жогорку мыйзам чыгаруу органы Калк Маслахаты 11-февралга белгиленген президенттик шайлоого президенттин милдетин аткарып жаткан Гурбанулы Бердымухамедовду жана дагы башка беш кишинин талапкер кылып бекитти.

Өлкөнү 15 жыл бою өзү билгендей башкарып, режимге каршы баш көтөргөндөрдү түрмөгө каматып, жеке адамга сыйынуучулукту орноткон президент Сапармурад Ниязовдун күтүүсүз өлүмү диктатордук режимди демократиялык система менен алмаштыруунун уникалдуу мүмкүнчүлүгүн пайда кылды.

Түркмөнстандын оппозициясы АКШга жана Еврошаркетке кайрылып, бул мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, ачык жана адилет шайлоо өткөрүү үчүн өлкөгө кысмак кылууну талап кылды.

Ал эми анын аралыгында байкоочулар Сапармурад Ниязовго баш оту менен берилген Калк Масляхаты президенттин милдетин аткаруучу Бердымухамедовду президенттикке талапкер кылып бир добуштан көрсөткөнү бекеринен эмес экенин, 11-февралда өтө турган шайлоодо Бердымухамедов жеңип чыга турганын боолголоп жатышат.

"Албетте шайлоодо президенттин милдетин аткарып жаткан Бердымухамедов "жеңип" чыгат,- дейт түркмөн оппозициясынын көрүнүктүү өкүлү, азыр чет элде жашап жаткан Авды Кулиев,- анткени талапкерлердин арасында жеңип чыгаар башка эч ким жок. Көрсөтүлгөн башка беш талапкер элге жана дүйнө коомчулугуна адилет жана эркин, алтернативдүү шайлоо өткөрдүк деш үчүн гана керек,- деп айтты.

Бердымухамедовдун талапкерлигин өткөрүү үчүн Конституцияга шашылыш оңдоо киргизилип, вице-премьер жана президенттин милдетин аткарып жаткан Бердымухамедовго президенттике талаптанууга мыйзамдуу уруксаат этилди.

"Калк Маслахаты кантип өткөрүлгөнүнө карасак, бүгүнкү бийликтин Сапармурад Ниязовдун бийлигинен таптакыр айырмасы жок экенин көрөбүз. Конституция боюнча президенттин милдетин аткарып жаткан Бердымухамедовдун президенттике талаптанууга укугу жок болучу, бирок Маслахат Констицияны аттап, аны баары бир көрсөттү. Конституцияга киргизилген оңдоолор чет элде жашап аткан түркмөн жарандарын шайлоого катыштырбоо максатын көздөйт",- деп комментарийледи киргизилген оңдоолорду чет элде жашап аткан оппозиционер Нурмухамед Ханамов.

27-декабрде түркмөн гезиттери парламенттин спикери Овезгелди Атаевдин кызматтан алынганын расмий жарыялашты. Байкоочулар бийликтер аны шайлоого катыштырбоо үчүн камакка алып, ага каршы кылмыш ишин козгогонун айтып жатышат.
Бийликтер ошондой эле чет элде жашаган оппозиционерлерге Түркмөнстанга кайтып келүүгө тыйуу салып, келишчү болсо камакка алына турганын эскертишти.

Түркмөнстандын өзүндө жашап келаткан көрүнүктүү оппозиционер, "Агзыбирлик " демократиялык кыймылынын жетекчиси Нурберди Нурмамедов 23- декабрдан бери дайынсыз жок болууда. Андан бир күн мурда эле ал Азаттыкка интервью берип, өлкөдө эми адилет жана ачык шайлоо өтөөрүнө үмүт кылган. Нурмамедовду президенттике талапкер кылып көрсөткөн бириккен түркмөн оппозициясы анын бошотулуп, шайлоого катыштырылышын талап кылып, бийликке кайрылды.

ТӨЛӨЙКАН ИСМАИЛОВА: ТҮРКМӨНСТАНДА ДЕМОКРАТИЯЛУУ ШАЙЛОО ӨТКӨРҮҮ ҮЧҮН МЫЙЗАМДУУ ПЛАТФОРМА КЕРЕК

Түркмөнстанда бүгүн өлкөнүн жогорку өкүлчүлүктү органы катары эсептелген калк маслакаты же Элдик кеңеши жыйналганы жатат. Анда президенттик шайлоонун мөөнөтү жана ага катышуучу талапкерлердин тизмеси аныкталаары күтүлүүдө. Түркмөнстанды 21 жыл башкарган Сапармурат Ниязовдун өлүмүнөн кийин бул өлкөдө түзүлгөн жагдай тууралуу “Азаттык” менен “Жарандар коррупцияга каршы” бейөкмөт уюмунун жетекчиси Төлөйкан Исмаилова ой бөлүштү.

- Түркмөнстан үчүн бүгүнкү күндү айрымдар тагдыр чечээр күн деп жатышат. Кандай дейсиз, бул өлкөдө кандайдыр бир өзгөрүүлөр күтүлөбү?

- Эң туура айтып атасыз. Анткени Ниязов кеткенден кийин Түркмөнстанда жаңы кырдаал жана жаңы турмуштун жолу ачылат деген пикирлер бар. Бирок, экинчи да ой бар. Анткени бизди көп укук коргоочулар менен Түркмөнстандан эбактан бери кетип калган, куугунтукталган укук коргоочулардын көз карашы дагы тынчсыздандырып атат. Балким, ушул кырдаал эч нерсе алып келбеши мүмкүн деген да ойлор бар. Анткени, бүгүнкү күнгө чейин туруктуу Түркмөнстан оппозициясы дагы калыптана элек. Мыйзам жагынан караганда дагы мамлекеттик эмес уюмдардын мыйзамын аябай курчуткан. Анткени, эч кандай активисттер жашагандай акыбал түзүлгөн эмес сөз эркиндиги боюнча. Чет мамлекетте жүргөн миңдеген оппозиция азыр күтүп атат, реабилитация мыйзамы керек деп. Кайра ошол өлкөгө келгенге мүмкүнчүлүк болуш керек деген дагы ой бар. Ошон үчүн бүгүнкү күндө таза, чын, жакшы шайлоо болуш үчүн мыйзамдуу платформа түзүлө элек. Ошондуктан эгерде капысынан эки айдын ичинде бүгүн жанагы жыйын чечим алып, эки айдан кийин шайлоо боло турган болсо, бул дүйнөгө, түркмөн элине жөн эле шайлоо болду деген кур сөз болот деген ойлор бар.

- Сиз айткандай Ниязовдун доорунда анын бийлигине каршы чыккандар же түрмөгө түшкөн, же четке кетүүгө аргасыз болгон. Түркмөн коопсуздук күчтөрү четте жүргөн оппозиционерлерге эскертүү жасашты. Бул тууралуу маалымат агенттиктери билдирип жатышат. Эгер кокус алар өлкөгө келе турган болсо дароо камакка алынаары эскертилиптир. Демек, сүргүндөгү оппозициянын саясий процесстерге аралышуу мүмкүнчүлүгү азырынча түзүлбөйт го дейм. Оппозиция өкүлдөрү эми Европаны, АКШны, Орусияны өлкөдө демократия орнотууга шарт түзүүгө көмөктөшүүгө чакырды. Бирок айтылгандардын ар биринин энергетикалык кызыкчылыктары бар, Түркмөнстан газ жагынан дүйнөдө бешинчи орунда турган өлкө эмеспи. Демократияга көмөктөшүү чакырыктары маркум Ниязовдун учурда да айтылчу. Эми бул жааттагы иш аракеттер көбүнесе эмнеге көз каранды болот дейсиз?

- Сиз көз карандысыз эксперт катары туура айтып атасыз акыбалды. Анткени, кечээ дагы ушундай сөз болуп атат, түркмөн эли тике туруп, атабыз кетти деп ыйлап атат деп. Бирок тарыхты карап көрсөк, Сталин, Ленин кеткенде дагы эл аябай ыйлаган, бүгүнкүгө чейин айтып атышат. Ошол убакта столубузда токочубуз да, чайыбыз да бар болчу деп. Ошон үчүн караңгы элди ушундай акыбалга алып келген, койлорду семирткендей чайы да, газы да, наны да бекер болуп. Бирок атуулдук духун, же атуулдук жүрөгүн алып койгон диктаторлорго мен ойлом тарых өзү да баасын берет. Түркмөн эли жабык коомдо жашап, үңкүрөп калган эл болгондон кийин, сиз туура айтып атасыз, балким оппозиция келе албас бүгүн, бирок ошондо дагы миңдеген адамдар сыртта жүргөндөн кийин, мен ойлойм, биз эңсегендей эле ачык коомду, ачык терезени, жакшы турмушту каалаган эл бар түркмөн элинин ичинде. Ошон үчүн караңгы курчалган коомдон кетиш үчүн бардык аракеттерди жасап атышат.

Маектешкен Улан Эшматов

2006 - ЖЫЛ ӨЗБЕКСТАНДЫК КАЧКЫНДАР ҮЧҮН КАНДАЙ БОЛДУ?

Баян Жумакадыр кызы, Прага шаары Анжиян кандуу окуяларынан кийин Өзбекстандан качып чыккан жүздөгөн адамдардын абалы оор бойдон кала берүүдө. Кыргызстандын аймагына баары болуп кеминде 800 киши качып чыккан, алардын теңине жакыны Улуттар Уюмунун жардамы менен үчүнчү мамлекеттерде баш калкалашты. Ал эми бир бөлүгү Борбор Азиянын башка өлкөлөрүндө күн көрүүдө. Качкындардын айрымдары болсо Өзбекстанга күчкө салып, айрымдары өз каалоосу менен кайтарылды.

Анжиян шаарында 2005- жылы 13-майда өткөн митинг кызыл кыргынга айланган соң, жүздөгөн өзбекстандык жарандар бийликтин репрессияларынан коркуп, кошуна Кыргызстанда кире качкан. Такталбаган маалыматтар боюнча Кыргызстанда 800дөй өзбекстандык жаран баш пааналаган.

Расмий Ташкент качкындардын арасында түрмөдөн качып чыккан адамдар жана өкмөттү төңкөрүүгө аракеттенгендер бар экенин айтып, 15 качкынды Өзбекстанга кайтарып берүүнү талап кылган. Ушул жылдын башында Кыргызстандын Жогорку Соту төрт качкынды кайтарып берүүгө макул болгон, бирок төртөө тең азырынча Кыргызстанда кала берүүдө. 11- качкынга Кыргызстан расмий качкын макамын берди. Ташкент качкындарды кайтарып берүү жөнүндө талап коюп, эки өлкөнүн ортосундагы мамилелер начарлап кеткенине байланыштуу, бул маселеге Улуттар Уюму кийлигишип, качындардын бир бөлүгү Румынияга жана башка мамлекеттерге көчүрүлгөн.

Ушул жылдын орто ченинде "Кыргызстанда калган качкындарды Өзбекстандын коопсуздук кызматы жашыруун түрдө Өзбекстанга уурдап кетип жатат, ал тургай аларды кыргыз коопсуздук органдары өзбек бийликтерине жашыруун өткөрүп берип жаттыптыр", деген маалыматтар тараган.

Өзбекстандын көмүскө иштеп жаткан ЭРК оппозициялык партиясынын Анжиян бөлүмүнүн төрагасы Исроил Холдаровдун туугандары анын август айында дайынсыз жок болуп кеткенин маалымдап, Холдаровдун Өзбекстанда тергөө камагында олтурганын божомолдошту.

-Адвокат ага каршы козголгон кылмыш иши менен таанышты, ал Өзбекстандын кылмыш кодекси боюнча терроризмде айыпталып жатат, эгерде күнөөлүү деп табылса, ал 15 жылдан 25 жылга чейин эркинен ажыратылышы ыктымал ,- дейт Халдаровдун беймаалым калууну каалаган туугандарынын бири.

Коомчулукта Анжиян качкындарын өзбек бийликтерине өткөрүп берип жатат, деген кине жалгыз эле Кыргызстан бийликтерине коюлуп жаткан жери жок.
Украинанын жетекчилиги 11 качкынды кармап, Өзбекстанга кайтарып берди. Расмий Киевдин мындай аракеттерин сындагандарга өлкөнүн тышкы иштер министрлигинин өкүлү кайтарылып берилген 11 качкын Украинанын мыйзамдарына каршы келген иштерди жасаган, деп жооп берди.

Ноябрь айында Москванын шаардык соту өзбекстандык качкын Рустам Муминовду Өзбекстанга кайтарып берүүгө тыюу салган. Бирок, бул чечим өтө кеч кабыл алынып калды, анткени Муминов андан бир күн мурда визасын узарткан эмес, деген шылтоо менен Өзбекстанга күч менен депортацияланган болучу.

Өзбекстандын бийликтери качкындарды кайра кайтарып алуу максаты менен расмий өкүлдөрү аркылуу качкындар арасында үгүт иштерин жүргүзүүдө. 2006- жылы АКШда баш бааналаган Анжиян качкындарынын 150дөйү, өзбек бийликтери берген кепилдиктерге ишенип, мекенине кайтты. Расмий Ташкент муну өзүнүн ак ниеттүүлүгү менен кечиримдүүлүгүн көрсөтүү үчүн пайдаланууга аракеттенди. Кайтып келген качкындар телевидениеде көрсөтүлүп, өкмөт азыр алар жөнүндө даректүү фильм да тарттырып жатат. Бирок, анткени менен бийликтер кайтып келген качкындардын баскан-турганын көз жаздымда калтырбай, көз салууда. Бул бир качкындын Азаттык радиосуна берген маалыматынан билинип калды.

"Кайтып келгенден бери биз жумасына бир жолу полицияга барып, үй бүлөбүздүн жашоосу, эмне кылып жатканыбыз жөнүндө айтып турабыз, болгону ушул",- деп айтты качкын.

Расмий маалымат булактары качкындар ата-мекенин, үй бүлөсү менен бала- бакырасын сагынып, куса болгондон, бөлөк- эл бөтөн жерден көрө мекенинде жашоону артык көргөндөн үйлөрүнө кайтты, деп түшүндүрдү. Бирок байкоочулар качкындар кусалыктан эмес, алардын тууган- туушкандарына кысмак кылынгандан улам кайтып келишкен деген көз карашта. Өзбекстандын АКШдагы элчилигинин аракеттеринин арты менен АКШда баш калкалаган өзбек качкындарынын үчтөн бир бөлүгү мекенине кайтты. Башкалары болсо элчиликтин жооткотуусуна көнбөй, АКШда калууну коопсуз деп эсептешкен. Белгилей кетели, Европа өлкөлөрү менен Түндүк Америкада баары болуп 400дөй Өзбекстандык качкын баш бааналап жатышат.

Германияда баш калкалаган өзбек качкындардын бири Азаттык радиосуна берген маалыматында бул өлкөдө анын үй бүлөсү жакшы кабыл алынганын, аларга үй- жай берилип, балдары менен күйөө баласына жумуш табылып, иштеп жатышканын жана баары немец тилин үйрөнүп атканын айткан. Ошону менен бирге эле ал мекенин сагынганын, абал өзгөрсө Өзбекстанга кайтуу маселесин караштыра турганын кошумчалаган. Өзбекстанда калган туугандарын жабыркатпоо максаты менен ал атын атабоону өтүнгөн.

Эми Кыргызстанда калган өзбек качкындары жөнүндө кеп кылсак. Бир канча качкындын дайынсыз жок болуп кеткени, аларды Өзбекстан коопсуздук кызматы уурдап, камап салыптыр деген имиштердин күч алганына байланыштуу Улуттар Уюмунун Качкындар агенттиги менен кыргыз жетекчилиги Өзбекстан менен танапташ Ош дубанында баш бааналаган качкындарды чек арадан алысыраак Кыргызстандын ичкерки аймактарына которууну чечкен. Бирок Бишкекке жакыныраак көчүрүү менен качкындардын социалдык проблемалары чечиле койгон жок. Өз жарандары жумушсуздуктан жабыркап жаткан Кыргызстан үчүн качкындарды туруктуу турак жай жана иш менен камсыз кылуу чоң маселе. Эли жеринен качууга мажбур болгон адамдар жанын багып кетүү үчүн колдо болгон баардык мүмкүнчүлүктү жумшоолору керек. Жан сактоо үчүн айрымдары кудай сураганга да аргасыз болушу ажеп эмес.

Анжиян качкындарынын кыйла бөлүгү Кыргызстанда расмий макамы жок кала берүүдө: "Кыргызстандан же качкын статусун, же баш баана ала албай жүргөн өзбек жарандары бар. 2005-жылкы Анжиян окуяларында чек араны канча киши кесип, канча киши каттоодон өтпөй Кыргызстанда жашап атканын айтуу кыйын. Канча качкын Кыргызстандан кетип, канчасы кайра Кыргызстанга кайтып келгенин да так айтуу мүмкүн эмес. Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы чек ара ачык экенин жана андан көптөгөн өзбек жарандары өтүп, кыргыз бийликтери менен Улуттар Уюмунун Качкындар Агенттигинде каттоодон өтпөстөн, жашап калганын эстен чыгарбоо керек",- дейт Улуттар Уюмунун Качкындар Агенттигинин Бишкектеги өкүлү Закканини.

Улуттар Уюмунун Качкындар агенттигинин өкүлү Кыргызстанда жашап аткан өзбек качкындарынын так саны белгисиз деп кошумчалады:

"Маалымат каражаттары ар кандай сандарды атоодо. Айрымдары качкындардын санын миңдеп боолголосо, башка бирөөлөрү жүздөп божомолдошууда. Бирок мен алардын саны 100дөн гана ашык деп айтаар элем",- дейт Закканини.

САПАРМУРАД НИЯЗОВ ТҮБӨЛҮК ЖАЙЫНА КОЮЛДУ

Бермет Эгембердиева, Прага Кечээ Ашхабатта Түркмөнбашы Сапармурад Ниязовду миңдеген кишилер акыркы сапарга узатышты. 66 жашында күтүүсүздөн кайтыш болгон Ниязовдун сөөгү президенттик Ак сарайда ачык табытка коюлуп, андан соң туулуп өскөн Ашгабаттын чет жакасындагы үй-бүлөөлүк мавзолейге коюлду.

Түркмөн башы менен коштошууга миңдеген адамдар келишти. Табыттын жанында аскерлердин кайтаруусунда маркумдун жесири, уулу жана кызы отурду. Өлкөдө 7 күндүк аза күтүү жарыяланды.

Өлкөнү 21 жыл башкарган Ниязов расмий маалымат боюнча бейшемби күнү 21-декабрда жүрөгү кармап көз жумган. Тажияга келгендердин айрымдары ыйлап-сыктап Ниязовдун табытынын жанынан чууруп өтүп жатышты. Алардын арасында АКШнын мамлекеттик катчысынын жардамчысы Ричард Баучер жана Оруссиянын премьер-министири Миахил Фрадков да бар.

Бүткүл улут улуу лидердин өлүмүн кайгы-капа менен кабыл алгандыгын Түркмөн сыналгысы кабарлады.

- Биздин өлкө аза күтүүдө. Улуу лидердин күчү менен курулган Ак шаар, дүйнөдөгү эң кооз шаар Ашхабат аза күтүп жатат… Түркмөн эли жана алардын достору сүйүктүү лидердин көз жумганына кайгы тартып жатат…- деген сөздөр жанырды түркмөн сыналгысынан.

Ниязов өлкөнү өзүнүн феодалдык менчигиндей башкарчу. Ал өзүн түбөлүк президент деп жарыялап, оппозицияны жакындатчу эмес. Тажияга катышып келген украиналык журналист Максим Драбок мындай дейт:

"Көчөлөр бош. Элдер өз үйлөрүнөн чыкпоого умтулушат. Жаңы жылдык жасалгаларды алып коюшту. Элдер жада калса мекемелердин ичинде да баш кийимчен жүрүшөт. Жаңылыктардын алып баруучулары да баш кийимчен. Бул бардыгы аза күтүп жатканын көрсөтөт. Аза күтүү 30-декабрга чейин уланат. 4 мамлекеттик телеканалдардан улуттук желек жана Ниязовдун кара рамкадагы портрети көрсөтүлүп жатат."

Америка Кошмо Штаттары Ниязовду адам укуктарын басмырлоодо деп көп сынга алып келген. Бирок Баучер Ашхабатта журналисттерге президенттин милдетин аткарып жаткан Бердымухаммедов менен жолугушканын атйып, ал жолугушууда Вашингтон жардам көрсөтүүгө даяр экендигин жана Түркмөнстандын газ жана жер майынын жаңы экспорттук маршрутун колдоорун айтты.

Кийин Түркмөнбашынын сөөгүн танкка улаштырылган дөңгөлөктүү тактага салышып, ал туулган Кыпчак айылын көздөй алып жөнөштү. Түркмөнбашынын сөөгү Ашхабаддан 15 чакырым аралыктагы, ушул айылдагы мавзолейде энеси, атасы жана агаларынын жанына коюлду.

АШХАБАТТА ТҮРКМӨНБАШЫНЫН ТАЖИЯСЫ ӨТТҮ

Жаңыл Жусупжан, Прага Улуу Сердар, бүт Түркмөндөрдүн башчысы, алтын тишке жана сакалга тыю салган Түркмөнстандын түбөлүк президенти Сапармурад Ниязовдун тажиясы Ашхабатта болду. Түркмөнбашыны акыркы жолго узатууга бүгүн миңдеген кишилер келди. 66 жашында күтүүсүздөн кайтыш болгон Ниязовдун сөөгү күндүз президенттик Ак сарайда ачык табытка коюлду. Табыттын жанында аскерлердин кайтаруусунда маркумдун жесири, уулу жана кызы отурду.

66 жаштагы Ниязов 21-декабрда, расмий маалымат боюнча, жүрөгү кармап көз жумду. Тажияга келгендер айрымдары ыйлап-сыктап Ниязовдун табытынын жанынан чууруп өтүп жатышты. Коопсуздук чаралары күчөтүлгөнүн куралчан аскерлерден тышкары, жөнөкөй кийинген тартип коргоочулардын көптүгүнөн да байкалат.

Президенттик ак сарайдын алдындагы Түркмөнбашынын алтын жалатылган, күндү карап айланып турган зор айкелинин жанынан өтүп жаткандар баштарын жерге салып, маанайлары пас. Түркмөн сыналгысы "Улуу жол башчы" үчүн бүт өлкө аза күтүп жаткандыгын эскертти.

Кийин Түркмөнбашынын сөөгүн танкка улаштырылган дөңгөлөктүү тактага салышып, ал туулган Кыпчак айылын көздөй алып жөнөштү. Түркмөнбашынын сөөгү Ашхабаддан 15 чакырым аралыктагы ушул айылдагы мавзолейде коюлду.

Түркмөнстанды Борбор Азияда гана эмес, бүт дүйнөдөгү эң бир жабык коомдордун бирине айланткан Сапармурад Ниязовдун өлүмүнөн кийинки кырдаалга Батышта да, Орусияда да зор ынтаа менен байкоо жүргүзүшүүдө.

Түркмөнстандын эли жакырчылыкта жашаган менен, өлкөнүн эбегейсиз жаратылыш газ байлыгы бар. Бул күндөрү Орусиянын мамлекеттик газ монополисти - Гаспромдун жетекчиси Алексей Миллер тегин жерден Ашхабатта жүргөн жок.

Өлкөнү 21 жыл жеке башкарган президенттин тажиясына келгендердин арасында АКШнын Мамкатчысынын орун басары Ричард Баучер, Орусиянын өкмөт башчысы Михаил Фрадков да болду. Мында Кыргызстандан мамкатчы Мадумаров баштаган делегация да жүрөт.

Түркмөндөр да, чет элдиктер да өлкөнү ким башкарып, алган багыты кандай болоорун боолголоп биле албай турган чак. Ниязов артында расмий же бейрасмий мураскер калтырган жок. Азыртадан эле бийлик үчүн таймаштын белгилерин баамдоого болот.

Коргоо министри Агагелди Мамедгелдиев жетектеген коопсуздук күчтөрү жаны Коопсуздук Кеңешин түзүштү. Өкмөт башчысынын орун басары Курмангули Бердымухаммедов мамлекеттик башчынын кызматын аткаруучу деп жарыяланды.

Өлкөнүн эң жогорку өкүлчүлүктүү органы болгон Халк Маслакаты же Элдик кеңеш 26-декабрь, шейшемби күнү жыйын өткөрүп, шайлоолордун мөөнөтүн жарыялайт деп күтүлүүдө.

ТАСМА: «ТҮРКМӨНФИЛЬМДИН» БҮГҮНКҮ АБАЛЫ ЖАНА КЕЛЕЧЕГИ

ТҮРКМӨНБАШЫ ЖАНА АНЫН “РУХНАМАСЫ”

Чолпон Орозобекова , Бишкек Түркмөнстанда конституциялык руханий азыгы катары таңууланып келген түркмөнбашынын «Рухнама» китебинин эмки тагдыры кандай болот, азырынча белгисиз. Түркмөнбашынын көзү тирүүсүндө Кыргызстанда «Рухнама сабактары» кору түзүлүп, бул китепти жогорку окуу жайда атайын окуу курсу кылып киргизүү да аракеттери болгон.

"Рухнама” китеби кыргыз тилине которулуп, аны сүйүп окугандар, көкөлөтө мактагандар да жок эмес. Бирок ошол эле учурда диктатордун өз элине таңуулаган китеби катары да жеригендер көп. Анын үстүнө Рухнаманы Сапармурат Ниязовдун чыгармачылык бир көрөңгөсү катары эмес, президенттин буйругу менен жасалган окумуштуулар менен жазуучулардын калың тобунун эмгеги катары баалаган пикирлер арбын.

Деги эле тарыхта диктатор президенттер өз саясий көз карашын таңуулаш үчүн китеп жазуу ыкмасын адатка айлантышкан. “Эркиндик” партиясынын төрагасы Топчубек Тургуналиевдин пикиринде, Гитлер, Брежнев баштаган ушундай саясий традиция тууралуу мындай дейт:

-Мисалдарды алсак, Гитлердин “Менин күрөшүм” китеби. Лениндин деле бир топ китептери, Брежневдин китептерин айтсак болот. Акаев деле ошентпедиби? Каримовдун толгон токой китептери бар. Алар өздөрү жазбайт, окумуштууларды, жазуучуларды, тарыхчыларды отургузушат,- дейт Топчубек Тургуналиев.

Ал эми түркмөнбашынын “Рухнамасы” тууралуу мындай дейт:

- Балким идеялык жактан багыт бергендир, бирок түркмөнбашы өзү жазган эмес. “Рухнама” бул бир кишинин жеке ойлорун элге, бүтүндөй өлкөгө таңуулаган, диктатордук режимден да ашып түшкөн абсолюттук монархиянын белгиси.

Түркмөнбашынын бул китеби боюнча далай эл аралык жыйындар болуп, ар бир мамлекеттен делегациялар барчу. Кыргызстандан бир жолу бара турган делегацияга Акбар Рыскулов жетекчи болуп, бирок кайра барбай калышыптыр.

-Мен бул кишини бир жолугушуудан кийин жөнөкөй киши экен деп сыйлап калгам. Бирок улам барган сайын жасаган иштери анын авторитардык режимди туу туткан президент экендигин далилдеп койду,- дейт белгилүү акын Акбар Рыскулов.

Кыргызстанда соңку убактарда “Рухнама сабактары” аттуу фонд тарабынан бул китеп пропагандаланып жүрдү. Кыргыз агрардык университеттин ректору Батыралы Сыдыков бул фондду жетектеп, “Рухнаманы” бул окуу жайдын студенттери үчүн бул китеп боюнча атайын окуу курсун киргизүү аракетин баштаган. Сыдыков мырзанын өзү менен пикир алышуу аракетибизден майнап чыккан жок. Ректордун орун басары Чоро Элеманов “Азаттыкка” эмдиги жылдан баштап бул сабакты студенттер үчүн киргизгенге аракет кылабыз деп билдирген.

Бирок, Билим берүү министри Досбол Нур уулу “Азаттыкка” университет ректордун менчиги эмес деп билдирди. Министрдин айтымында, агрардык университетке мындай сабак окутууга уруксат эч качан берилбейт. Мурдагы вице-премьер Ишенгүл Болжурова мындай диктатор президенттин китебинин жаштарга окутулушу өтө коркунучтуу деген оюн айтты. Болжурованын пикиринде, ансыз да америкалык, түрк, кувейт жана башка мамлекеттер каржылаган окуу жайларда студенттерибиздин окуп атышы бул улуттук коопсуздук үчүн коркунучтуу. Ал эми саясат таануучу Төлөбек Абдрахмановдун пикиринде, бул китеп биздин улуттук табиятыбызга коошпойт:

- Биздин кыргыз элинин мүнөзүндө бир эркиндик бар. Түркмөнстанга салыштырмалуу демокартиялык жараяндар менен мактана алабыз. Бул китепти биздин жаштарга окутканга болбойт, себеби биздин элдин табиятына карама каршы келет. Кайнаса каны кошулбайт.

ТҮРКМӨНСТАНДА ЖАҢЫ ПРЕЗИДЕНТ ЭКИ АЙДЫН ИЧИНДЕ ШАЙЛАНАТ

Баян Жумакадыр кызы, Прага шаары Түркмөнстандын президентинин милдетин аткарып жаткан Курбангули Бердымухамедов жаңы президентти шайлоонун мөөнөтү маркум Түркмөнбашы жерге берилген соң жарыялана турганын билдирди. Түркмөнбашынын тажиясы 24-декабрге белгиленди. Ал арада Конституция боюнча президенттин милдетин аткара турган парламенттин спикери Овазгелди Атаевге кылмыш иши козголуп, ал камакка алынды.

Түркмөнстандын президенттинин милдетин аткарып жаткан К.Бердымухамедовдун жарлыгы боюнча жаңы президентти шайлоонун убактысын өлкөнүн эң жогорку мыйзам чыгуу органы - Элдик Кеңештин 26-декабрда боло турган сессиясы чечет.

-Белгилүү болгондой Түркмөнстандын Коопсуздук кеңешинин, министрлер кабинетинин жана парламенттин кезексиз жыйыны өткөрүлдү. Анда Улуу Түркмөнбашынын, түркмөн элинин сүйүктүү уулунун мезгилсиз дүйнөдөн кайтканына байланыштуу маселелер талкууланды,- деп айтты Бердымухамедов.

Ал ошондой эле шайлоо жакынкы эки айдын ичинде өткөрүлөөрүн жана ал "демократиялык" шайлоо болоорун билдирди.

Азыр эларалык коомчулукту башкаруу системасы бүтүндөй бир кишинин колунда топтолгон өлкө эми кай тарапка багыт алаар экен, өлкөдө саясий туруктуулук сакталып калабы, деген суроолор түйшөлтүүдө.

"Эркин Европа/Азаттык" радиосунун Борбор Азия боюнча серепчиси Даниэль Киммидж бул суроолорго жооп берүү азырынча кыйын экенин белгилейт:

-Өлкөдө саясий стабилдүүлүк сакталып калаар-калбасын алдын ала айтуу кыйын. Акыркы 10 жылда Түркмөнстандын саясий системасы жалгыз кишинин колунда топтолгонун эске алсак, окуялардын өнүгүүсү кай тарапка болсо да багыт алуусу мүмкүн. Ниязов артында ырааттуу иштеген саясий түзүлүштү калтырбаганын, өлкөдөгү баардык маселелер Ниязовдун чечиминен көз каранды болгонун эске алганда Түркмөнстанда саясий туруксуздуктун коркунучу бар.

Президенттин милдетин аткарып жаткан К.Бердымухамедов Түркмөнбашынын жакын туугандарынан, ал кесиби боюнча тиш доктур. 1997-жылдан бери өлкөнүн саламаттык сактоо министри, ал эми 2001-жылдан бери вице-премьер-министр болуп иштеп келатат.

К.Бердымухамедов С.Ниязовдун тажиясын уюштуруу комиссиянын башчысы болуп дайындалды, советтик доордон калган салт боюнча мамлекет башчысынын тажиясын уюштурган адам адатта анын ордун басат.

Түркмөнстандын Конституциясы боюнча президенттин милдетин аткарып жаткан адам президенттикке талаптана албайт, аны эске алганда президенттикке негизги талапкер парламенттин спикери Овазгелди Атаев болмок. Бирок аны Курбангули Бердымухамедов өз жарлыгы менен кызматтан алды, башкы прокуратура болсо ага кылмыш ишин козгогон соң, О.Атаев камакка алынды. Ошентип, президенттикке негизги талапкер К.Бердымухамедов болуп калышы мүмкүн.

-Бердымухамедов Ниязовдун саясий мектебинин накта окуучусу, ал анын тууганы да, жердеши да,- деп билдирди Борбор Азия жана Кавказды иликтөө институтунун директору Мурад Эсенов lenta.ru интернет басылмасына берген маалыматында.

Америка Кошмо Штаттары менен Еврошаркет Түркмөнстанстанда азыр өзүнүн өнүгүү жолун тандап алууга мүмкүндүк түзүлгөнүн жана бийлик алмашуу эларалык демократиялык стандарттарга ылайык өтө турганын баса белгилешти.

Алардын минтип тынчсызданып атканы да түшүнүктүү. Дүйнөдөгү эң ири газ өндүрүүчүлөрдүн бири болгон Түркмөнстандагы өнүгүү Еврошаркеттин жана Россиянын экономикасына олуттуу таасир эте алат.

Түркмөнстандын газын Батышка алып өтүү жолунда турган Россия андан эбегейсиз пайда тапкандыктан, өзүнүн газ кендерин иштетүүдөн көрө түркмөн газын транспортоого көбүрөөк басым жасап келгени маалым. Ал эми Еврошаркет өз кезегинде Россиядан алынган газдан көз каранды. Ошон үчүн Түркмөнстандагы абалдын туруксуздугу Батышка өтө олуттуу таасир этери бышык.

Сүрөттө: Түркмөнстандын президентинин милдетин аткаруучу Курбангули Бердымухамедов

НИЯЗОВДУН ӨЛҮМҮНӨН КИЙИНКИ ТҮРКМӨНСТАНДАГЫ АБАЛ

Нарын АЙЫП, Прага 21-декабрда түркмөн президенти Сапармурад Ниязов кайтыш болгондон кийин, эми Түркмөнстандагы абал кандай өнүгө турганы жөнүндө эл аралык коомчулук арасында бир пикир жок. Айрымдардын пикиринде, түзүлгөн абалдан пайдаланып, өлкөнү демократиялык жолго салуу аракеттери көрүлүүгө тийиш.

Сапармурад Ниязов Түркмөнстанда өтө катуу авторитардык бийлик орнотуп, өлкөнү 20 жылдан ашык ал өзү жалгыз башкаргандыктан, бийлик алмашуунун эч кандай демократиялык салты жок, ошондуктан, Орусиянын Федерация кеңешинин комитет башчысы Михаил Маргелов айткандай, өлкөдөгү бийлик үчүн күрөш эми мурдагы СССРдегидей тымызын ыкмалар менен жүргүзүлөт.

Анча-мынча оппозициялык саясатчынын баары же чет өлкөлөргө качып кетүүгө аргасыз болгон, же ар башка күнөө менен абакка отургузулган. Алардын айрымдары өлкөгө кайтып келип, саясий окуяларга катышууга даяр, бирок Түркмөнстанга кирүүгө эч кимге жаңы виза берилбеш керек деген буйрук чыкты. Анткен менен алардын айрымдары өлкөдө эми жаңылануу башталат деген үмүттө.

"Өлкөдөгү кийинки аракеттер конституцияга жараша жүргүзүлүп, эки айдын ичинде эркин шайлоо өткөрүлүп, саясий жана экономикалык реформалар башталса, өлкөнүн демокртиялык жолго түшкөнүнө мүмкүнчүлүк ачылат жана Түркмөнстан жок дегенде кошуна өлкөлөрдүн деңгээлине жетиши ыктымал", - дейт Орусияда сүргүндө жашаган мурдагы вице-премьер Худайберды Оразов.

Лондон шаарындагы "Чэтем хауз" деген илимий-изилдөө борборунун эксперти Анетте Бордун пикиринде, бийлик үчүн күрөштө эми күч колдонулган баш аламандык да чыгып кетиши мүмкүн: "Бийлик кимге тийиш керек экени белгисиз болгондуктан, Түркмөнстандагы режимдин алмашуусу конфликтке да алып келиши ыктымал. Бийликте азыр отургандар жана бийликтен мурда четтетилген адамдар ортосунда катуу кармаш чыгышы мүмкүн", - дейт Бор.

Париж шаарында жайгашкан "Чек арасыз репортерлор" деген уюмдун өкүлү Элза Видалдын айтымында болсо, түзүлгөн абалдан пайдаланып, Түркмөнстанды демократиялык жолго салуу үчүн алгачкы жана эң талаптуу аракеттер азыртан көрүлө башташы керек:

"Президент Ниязов каза болгондон кийин биз бир нерсеге басым жасайт элек. Түркмөнстанда жашаган беш миллионго жакын адам өз өлкөсүн эркин мамлекетке айлантууга арзыйт, бийликке келе тургандарга кайрылып, биз - абакта отурган бардык журналисттерди жана саясий себептен кармалгандарды бошотууну суранабыз", - дейт "Чек арасыз репортерлор" уюмунун кызматкери Элза Видал.

ТҮРКМӨН ПРЕЗИДЕНТИНИН КАЙТЫШ БОЛГОНУ ДҮЙНӨДӨ ЭЧ КИМДИ КЫМГУУТКА САЛГАН ЖОК

Нарын АЙЫП, Прага 21-декабрда түркмөн президенти Сапармурад Ниязовдун каза болгону дүйнөлүк маалымат каражаттарын кымгуутка салган жок. Ниязовдун саясатынан улам Түркмөнстан дүйнөлүк саясаттан көптөн бери обочолонуп калган.

Ниязов 1940-жылдын 19-февралында туулган, быйыл жылдын башында алтымыш алтыга толгон. Мындан он жылдай мурда Алманиянын Мюнхен шаарында анын жүрөгүнө операция жасалган, андан тышкары диабет менен дагы оорулуу болчу деп айтылууда. Таратылган расми маалыматка караганда, 21-декабрда түнкү саат бирден 10 мүнөт өткөндө анын жүрөгү токтоп калган, анын алдында абалы жакшы эле болчу.

Ниязов президенттин да, премьер-министрдин дагы милдетин аткарчу, ошондуктан конституция боюнча анын ордун парламенттин спикери Овезгелды Атаев басыш керек болчу, бирок ага каршы кылмыш иши ачылган болуп чыкты, ошондуктан президенттин милдетин азыр вице-премьер, саламаттык сактоо министри Гурбангулы Бердымухаммедов аткарып жатат. Тажыя 24-декабрда өткөрүлүүгө тийиш, эки айдын ичинде болсо кезексиз президенттик шайлоо уюштурулуш керек.

Дүйнө мамлекеттеринин өкүлдөрү, албетте, түркмөн элине жана жетекчилигине көңүл айтууда, бирок эл аралык маалымат каражаттарында Ниязовдун дүйнөдөн кайтканы эч кимди кымгуутка салган жок. Аларды бир гана нерсе - президенттин өлүмү өлкөдөгү абалды бейстабилдүүлүккө алып келбесе деген нерсе тынчсыздандырат.

Бардык эксперттердин айтымында, Түркмөнстан сыяктуу авторитардык өлкөдө бийлик алмашуу ишинде эч кандай демократиялык эреже же салт болбогону абалды татаалдантууда. "Демократиялык түзүлүштүн эч кандай уюткусу жок болгондуктан, Түркмөнстандагы авторитардык тартип дагы бир нече убакытка улана тургандай", - дейт Лондон шаарындагы "Чэтем хауз" деген илимий-изилдөө борборунун эксперти Анетте Бор.

Түркмөнстандын өзүнүн суранычы менен Бириккен Улуттар аны 1995-жылы нейтралдуу мамлекет деп тааныган, ошондуктан өлкө эл аралык маселелерге көп кийлигишчү эмес, башка мамлекеттер дагы аны менен тыкыз кызматташпай калган. Өлкө бийлиги өтө авторитардуу болгондуктан, Ниязов жана анын өкмөтү эл аралык уюмдардын такай сынына калчу, анткен менен Түркмөнстан табигый газга бай болгондуктан, Орусия, Украина жана Батыш мамлекетери дагы аны менен мамиле түзүүгө кызыкдар болгон.

Нью-Йорк шаарындагы Ачык коом институтунун Түркмөнстан боюнча эксперти Эрика Дейлинин пикиринде, абалды өзгөртүүгө аракеттер көрүлүшү мүмкүн: "Эл аралык иштерден Түркмөнстан обочолонгон мамлекет болчу, ошондуктан анын жакын шериктери да жок. Анткен менен бир топ эл аралык уюм жана өлкөлөр, мисал үчүн Европа Биримдиги же АКШ, же башкалар Түркмөнстанда пайда болгон мүмкүнчүлүктү эске алып, кандайдыр бир конструктивдүү сунуш жасашы ыктымал", - дейт Эрика Дейли.

КМШдагы ДИКТАТОРЛОРДУН БИРИ ДҮЙНӨДӨН КАЙТТЫ

Төрөкул Дооров, Москва Шаршембиден бейшембиге караган түнү, 21-декабрда, Түркмөнстандын президенти Сапармурад Ниязов кокустан жүрөгү кармап, дүйнөдөн кайтты. Анын күтүлбөгөн өлүмүнө карата КМШ мамлекеттеринде түрдүүчө көз-караштар айтылууда.

«Түркмөнбашы», же «жалпы түркмөн элинин атасы» деген макам менен көбүрөөк таанылган президент Сапармурад Ниязов 20 жылдан ашуун убакыт бою өлкөнү башкарып турду. Ал постсоветтик аймактагы акыркы диктаторлордун бири катары белгилүү эле.

Анын тушунда өлкөдө адам укуктары орой бузулганы, маалымат каражаттарына толук мамлекеттик көзөмөл орнотулганы, көптөгөн оппозиция лидерлери жана мүчөлөрү же камалып, же өлкөдөн куулганы айтылып жүрөт.

Орусия түркмөн газынан кол жууп калууну каалабайт

Орусияда өлкөнүн Тышкы иштер министри Сергей Лавров «Расмий Москва Түркмөнстанда бийлик алмашуу мыйзамдуу жол менен өтөт го деп үмүттөнөөрүн» билдирди.

- Биз Түркмөнстанда бийлик алмашуу мыйзам чегинде өтөт жана биздин буга чейинки алалар сакталат го деп эсептейбиз. Өлкөнүн жаңы жетекчилиги түркмөн элинин жыргалчылыгы, Орусия менен жакшы кызматташтык жана Борбор Азиядагы стабилдүүлүк үчүн иштейт деп ойлойбуз, - деди Орусиянын Тышкы иштер министри Сергей Лавров.

Түркмөнстан газ өндүрүү боюнча КМШдагы мамлекеттердин ичинде Орусиядан кийинки экинчи орунда турат. Орусия Түркмөнстандан газ сатып алып, кийин аны Европага сатып турганы белгилүү.

«Эми түркмөн президенти дүйнөдөн кайткандан кийин, өлкөдө бийлик үчүн күрөш күчөп, бейстабилдүүлүк башталса, «Газпром» жетиштүү көлөмдө жаратылыш газын ала албай калышы мүмкүн»,-дейт «Азаттыктын» суроолоруна жооп берген «Ренессанс Капитал» каржы тобунун аналитиги Роман Елагин.

- Азыр түшүнүксүз кырдаал түзүлүшү мүмкүн. Түркмөнстан «Газпромдун» маанилүү өнөктөштөрүнүн бири, анткени түркмөн газын толугу менен сатып алып турган. Эми Түркмөнстанда орной турган жаңы жетекчилик буга чейин жетишилген келишимдерге өзгөртүү киргизүүнү каалап калышы да ажеп эмес. Балким, алар газды эми кымбат баада сатууну каалашы ыктымал. Мен азырынча бүгүнкү кырдаалды «коркунучтуу» деп айтуудан алысмын, жөн гана түшүнүксүз маселелер бар. Түркмөн жетекчилиги азырынча буга чейин өзүнө алган милдеттенмелерин аткара турганын билдирип жатат, бирок айрым келишимдерди кайра кароону талап кылбашына кепилдик жок, - дейт «Ренессанс Капиталдын» аналитиги Роман Елагин.

Сапармурад Ниязовдун ордун эми ким басат?

Бул суроо ушу тапта жалпы постсоветтик аймакта кызуу талкууга алына баштады. КМШ институтунун Борбор Азия бөлүмүнүн жетекчиси Андрей Грозин «чет-мамлекеттерде жүргөн түркмөн оппозициясы эми абройун көтөрө алат, бирок жалпы түркмөн коомуна таасир этүүгө мүмкүнчүлүгү жетпейт» деп эсептейт. «Батыш колдоо көрсөткөн күндө да, оппозиция Түрмөнстанда ыңкылап жасашы арсар» деди Грозин, «Интерфакстын» суроолоруна жооп берип жатып.

Азырынча Түркмөнстанда президенттин милдетин аткаруучу жана өлкөнүн Аскерий күчтөрүнүн башкы командачысы катары Түркмөнстандын вице-премьери, Саламатыкты сактоо жана медициналык өндүрүш министри Гурбануглы Бердымухаммедов дайындалды.

Түркмөнстандын Баш мыйзамына ылайык, президентти шайлоо эки айдын ичинде өтүшү керек. Орусиянын Украинадагы элчиси Виктор Черномырдиндин оюнда, Түркмөнбашынын ордун анын уулу басышы да мүмкүн. Ошол эле учурда «Түркмөнстанда бийлик мыйзам чегинде алмашат» деп ишенет Черномырдин.

Акыркы сапарга узатуу…

Никматулло Сайфуллохзода – Тажикстандагы «Ислам кайра жаралуу партиясынын» расмий өкүлү:

- Мен Түркмөнстанда граждандык согуш болот деп ойлобойм. Бирок айрым саясий топтор өлкөдө саясий система өзгөрүшүн каалашат. Брежневден кийин бийликке келген советтик лидерлер мамлекетти башкара албагандыктан СССР кулаган. Мында демократиялык системадан башка сунуш болгон эмес. Түркмөнстанда да азыр эч ким мамлекетти буга чейинкидей эле багытта башкарып кете албайт деп ойлойм, - деди Тажикстандын «Ислам кайра жаралуу партиясынын» расмий өкүлү.

Ал эми Казакстандын парламентинин депутаты Серик Абдрахманов: «Түркмөн эли Ниязовко өзүнүн жеке баасын берээр. Ниязов өз элине көп иш жасай алгандай көрүнөт. Ал эми кечээ эле «Рухнаманы» чын дилинен окуп, жаттап кетгендер бүгүн эмне кылышат? Муну түркмөн эли чечиши керек. Мен түркмөн элине кан төгүүгө барбай, такты талашпай, акырындап келечекке кадам жасай берүүсүн каалайм».

Украинада болсо депутат Евгений Кушнарев: «Түркмөнстан менен газ жаатындагы кызматташтыкта, тилекке каршы, Украина башкы ролду ойнобойт, ошондуктан бүт баары Орусиянын позициясына жараша болот», - деп билдирди.

Айрым украиналык эксперттер түркмөн президентинин өлүмү украин-түркмөн энергетикалык алакаларына терс таасирин тийгизбей койбойт деп эсептешет.

Украин президентинин администрациясы кабарлагандай, президент Виктор Ющенко түркмөн президентин жерге берүү жөрөлгөсүнө катышмакчы.

Өзбекстанда Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Илхом Закиров Өзбекстан менен Түркмөнстанда жакшы алакалар болгонун айтып, Сапармурад Ниязовду акыркы сапарга узатуу жөрөлгөсүнө өзбекстандык делегация да катыша турганын кабарлады.

Түркмөн мамлекеттик телесыналгысынан бейшембиде билдиришкендей, өлкөдө жети күндүк аза күтүү жарыяланды. Түркмөн президенти Сапармурад Ниязов 24-декабрда жерге берилет.

ТҮРКМӨНСТАНДЫН ТҮБӨЛҮК ПРЕЗИДЕНТИ ДҮЙНӨ САЛДЫ

Түркмөнстанды 20 жылдан ашуун мезгил башкарган президент Сапармурат Ниязов өткөн түнү жүрөгү токтоп калып, дүйнө салды. Өз өлкөсүндө түбөлүк президент, бардык түркмөндөрдүн атасы – Түркмөнбашы деген наамдарды ыйгарып алган, Батышта “азыркы замандын башкы диктатору” аталган Ниязовдун өлүмүнөн кийин Түркмөнстандын келечеги кандай болот?

Түркмөнстандын түбөлүк президенти болуп шайланган, шаар-кыштак, көчө эмес, айлардын да аттарын жеке өзүнүн жана жакын туугандарынын урматына которуп алган Сапармурат Ниязов 67 жаш курагында жүрөк талмасы кармап кайткыс сапарга аттанды. “Жеке адамга сыйынуу” көрүнүшүн абсурддук деңгээлге жеткирип, чоң көчөлөргө өзүнүн эстеликтерин орнотуп, өзү жазган чыгарма-ырларды жаш кары дебей, баарыга жаттаткан, бир аз каш кайтарып, каяша айткандарды дароо жазалап жок кылган Түркмөнбашы ошентип, күтүүсүз келген ажалга моюн сунуп берди. 21-декабрь күнү таңга маал мамлекеттик телеканал журт башчысы каза тапканына байланыштуу өлкөдө жети күндүк аза күтүү жарыяланганын жар салды.

Бул жаңылыкка удаа Сапармурат Ниязовду акыркы сапарга узатуу каадасын уюштуруу боюнча өкмөттүк комиссия башчысы болуп дайындалган вице-премьер, саламаттыкты сактоо министри Гурбанкули Бердымухаммедов өлкө башчысынын милдетин аткаруучу болуп дайындалганы кабарланды.

Түркмөнстандын башмыйзамы боюнча, президенттик шайлоо эми эки ай ичинде өткөрүлүшү керек. Азырынча Ниязовдун диктатордук тактысын ким ээлерин айтуу кыйын, байкоочулар бийлик үчүн тымызын күрөш саясий кризиске алып келиши мүмкүн деп эскертүүдө. Советтик доордо калыптанган салтка ылайык, Ниязовду жерге берүү каадасын башкарып жаткан вице-премьер Бердымухаммедов бийликке келиши ыктымал деген көз караштар жок эмес. Эксперттер Батыш өлкөлөрү үчүн Иран, Ооганстан менен чектеш, геостратегиялык мааниси бар өлкөдө саясий туруктуулук баарыдан маанилүү экенин белгилешсе, Түркмөнстандын жаратылыш ресурстарынын башкы импортеру Орусия да окуялар өз ыраатында өнүгүп, өлкөнүн тышкы саясаты мурдагыдай улана беришин каалай турганын ачык айтты. Түркмөн өкмөтү менен парламенти биргелешип тараткан билдирүүдө өлкөнүн саясаты президент Ниязов тандап-таптаган багытта, өзгөрүүсүз улантылаарына басым жасалат.

Чет жактарда баш калкалап жүргөн түркмөн оппозициячылары Ниязов чынында бир нече күн мурдараак каза тапкан, апкаарый түшкөн түркмөн бийликтери эми гана айтышты деген такталбаган маалымат таратышты. Алар да эми түзүлгөн мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, бийликке келүүгө аракет кылаары талашсыз.

Ниязовдун ден-соолугу көптөн бери начарлап, 1997-жылы жүрөгүнө татаал операция жасаткан. Жаштайында ата-эне, биртуугандарын согушта, андан кийин Ашгабатты кыйраткан жер титирөөдө жоготуп, томолой жетим калган Сапармурат Ниязов, Ленинградда жогорку билим алгандан кийин партиялык кызматта улам көтөрүлүп отуруп, 1985-жылы Түркмөнстандын КП БКсынын 1-катчысы болуп дайындалган. Көз карандысыздык жылдары ал Түркмөнстанды “өзгөчө, дүйнөдөн обочолонгон өлкөгө айландыруу аракетин жакшы эле жасады, элге туз, электр, газды акысыз бердирди.

Бирок Түркмөнстандагы чыныгы акыбал, элдин жашоо-турмушу, айланадагы окуяларга карата көз карашы тууралуу бурмаланбаган чындык эми гана, диктатордун өлүмүнөн кийин көпчүлүккө маалым болобу деген үмүт пайда болду.

НИЯЗОВ ОО ДҮЙНӨ САЛДЫ, ЭМИ ТҮРКМӨНСТАНДЫН ЭЛИН КАНДАЙ ТАГДЫР КҮТӨТ?

Чолпон Орозобекова , Бишкек Түркмөнбашы Сапармурад Ниязов бүгүн таңда жүрөгү токтоп каза болду. Борбор Азия регионундагы өз өлкөсүн диктатордук режимде кармап, өзүн түбөлүк президент деп жарыялаган бул мамлекет башчынын күтүүсүз өлүмү Түркмөнстанга кандай өзгөрүүлөрдү алып келет?

Түркмөн башынын саламаттыгы начарлаганы тууралуу эки ай мурда сөз болгон. Ал дарыланып аткандыгына байланыштуу орозо кармай албай аткандыгын өзү ырастаган эле. Анын үстүнө күзгү айлардын биринде улуттук коопсуздук боюнча жыйында да ал эс-учун жоготуп жыгылып калгандыгы да айтылып жүрөт. Негизи Сапармурад Ниязовдун ден-соолугу кандай экендиги ачык деле айтылчу эмес. Анын жүрөгүнө дайым көз салып турган немис дарыгер “акыбалы мыкты” деп гана тим болчу. Түркмөн башы 1997-жылы Мюнхенде жүрөгүнөн операция болгон. Соңку маалыматтарга караганда ал жүрөгү кармап кете берди. Ошентип, президент катары жасап аткан иштери менен дүйнө жүзүн таң калтырып, төбө чачты тик тургузган диктатор лидер каза тапты. Эми Түркмөнстанды кандай өзгөрүүлөр күтөт? “Демократия жана атуулдук коом үчүн” коалициясынын президенти Эдил Байсалов диктатордон кутулушу менен түркмөн элин куттукташ керек дейт. Бирок бул окуядан кийин Түркмөнстанда кырдаал дароо жакшы жагына өзгөрөт деп айтыш кыйын, өтө кооптуу кырдаал түзүлүп калды дейт:

- Чоң ызы-чуу, башаламандык менен бүтөт. Себеби, билесиздер бул өлкөдө кландардын тирешүүсү күчтүү. Катуу бир граждандык кагылышуудан кийин бир жаңы мамлекет курулат деп ишенем. Чоң диктатордон кутулганы менен биз боордош түркмөн эли үчүн кубанычтабыз,- дейт Эдил Байсалов.

Айрым байкоочулардын баамында, совет биримдиги ыдырагандан кийин Түркменияда өтө кооптуу кырдаал түзүлүп, бийлик үчүн, газ жана мунай корлоруна ээлик үчүн чоң күрөш башталган. Ошондо бийликти бир колго алып, мамлекеттин бүтүндүгүн сактап калгандыгы эң башкы эрдиги дейт Марс Сариев. Сариев мырза Түркмөнстандагы элчиликте бир нече жыл иштеп, азыр болсо Согуш жана тынчтыкты чагылдыруу институтунун бул өлкө боюнча эксперти. Марс Сариевдин айтымында, Түркмөнстанда кландардын кармашы кайрадан башталат.

-Түркмөнстан өтө татаал кырдаалга кептелет. Ал мамлекетти башкарып туруп аркасынан мураскерин да калтырган жок. Эми Түркмөнстандын саясий элитасы өзүн кармап, кландар кармашына алдырбай, бийликти кармап кала алабы, баары ошондон көз каранды. Эми ар кандай регионалдык элиталардын, биринчи кезекте ахал түркмөндөр менен марий түркмөндөрүнүн салгылашы башталат. Ошондой эле башка кландар да жанданып сепаратисттик кадамдарга барышы ыктымал, - дейт Марс Сариев.

Анын пикиринде, сырткы күчтөр айрыкча Орусия өңдүү державалар өз кызыкчылыгындагы адамдын бийликке келишине аракет кылышат.

Окумуштуу Олжобай Каратаев түркмөнбашынын өлүмү эч кандай башаламандыкка алып келбейт, ошол эле учурда демократиялык өзгөрүүлөргө да алып келбейт деген оюн айтты:

- Башаламандыкка алып келбейт, себеби буга түркмөн элинин менталитети буга жол бербейт. Ошондой эле жакынкы жылдарда бул мамлекетте демократиялык өзгөрүүлөр башталаарына ишенбейм,- дейт Олжобай Каратаев.

Сапармурат Ниязовдун сөөгү 24-декабрда жерге берилет. Анын өлүмүнө байланыштуу Түркмөнстандын министрлер кабинети, Межилис депутаттары түркмөн элине кайрылып, даанышман, гумандуу лидерден айрылдык деп билдиришти. Ал эми Кыргызстан президенти Курманбек Бакиев болсо бүгүн кечинде түркмөн элине көңүл айтуу телеграммасын жөнөтөөрүн басма сөз кызматы билдирди.

ТҮРКМӨНБАШЫ ДҮЙНӨДӨН КАЙТТЫ

Түркмөнстандын президенти Сапармурат Ниязов 21-декабрга караган түнү дүйнөдөн кайтты. 67 жаштагы С. Ниязов түнкү саат бирден он мүнөт өткөндө жүрөгү токтоп каза болгону жөнүндө түркмөн телевидениеси билдирүү таркатты.

КАЗАКСТАНДЫН ПРЕЗИДЕНТИ БЭЭЖИНДЕ НЕГИЗГИ ОТУН-КУБАТ КАРДАРЫ МЕНЕН СҮЙЛӨШҮҮ ЖҮРГҮЗҮҮДӨ

Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаевдин Кытайга болгон беш күндүк расмий иш сапары маалында отун-кубат тармагындагы экономикалык кызматташуу келишимине жана башка макулдашууларга кол коюлду. Учурда Кытай казак мунайынын эң ири кардарларынын бири болуп саналат. Адистердин айтымында мамлекет башчысы Бээжинди отун-кубат менен камсыз кылуу жаатында өз ара тыгыз кызматташтыкты улантууга ишендирмекчи.

Казак президенти Нурсултан Назарбаевдин Кытайга болгон иш сапары бул эки өлкө ортосундагы экономикалык байланыштардын күн санап бекемделип жаткандыгынын дагы бир мисалы. Казакстандын бийликтеги “Отан” партиясынын өкүлү Шарипбек Амирбеков учурдагы Астана менен Бээжин ортосундагы дурус карым-катнаштын мааниси жөнүндө “Азаттыкка” буларды айтты:

-Соңку жылдары эгемендикти алгандан бери Казакстан Кытай менен бир нече саясий маселелерди чечип келе жатат. Мунун өзү эки тараптуу карым-катнаштардын жакшырып жатканын көргөзөт. Мисалы чек ара жана чек арадагы аскерлердин санын кыскартуу маселелери. Учурда Кытай дүйнөлүк базарда абдан жакшы өнүгүп келе жаткан өлкө, андыктан Казакстан ошол Кытай базарына чыгууга кызыкдар.

Казакстан 1991-жылы эгемендикти алгандан бери Орусия, Кытай жана АКШ менен тышкы саясатты тең салмакта алып жүрүүгө аракет жасап келет. Бирок анын Орусия менен мамилелерин саал татаалданткан айрым жагдайлар бар. Маселен, Орусия Казакстандын газ менен мунайын Батыш Европадагы кардарларга жеткирүүчү куурлардын кожоюну. Дал ушул жагынан ал Казакстандын атаандашы болуп саналат.

Америкалык компаниялар болсо Казакстандын мунай өндүрүү тармагына бир топ инвестиция кошуп келет. Бирок ал компаниялар казак мунайын сыртка сатууда да үлүшкө ээ болууну көздөйт. Ал эми Кытай болсо, тескерисинче, нагыз мунай кардары болуп саналат.

Ушул күнгө чейин Кытайдын мамлекеттик компаниялары Казакстандагы мунай жана газды өндүрүү, куур жаткыруу тармагына бир топ акча каражаттарын жумшап келди. Бул куурлар аркылуу Бээжин өз өлкөсүнүн экономикасын өнүктүрүүгө кошумча мүмкүнчүлүк алууга ынтызар.

Бирок мурдагы оппозиция өкүлү, Кытай таануучу, мурдагы элчи Мурат Ауэзов 1990-жылдары түзүлгөн казак-кытай чек арасы боюнча келишимди эске салып, Кытайга көп эле ишеним арта бербөө керек деген ою менен бөлүштү.

-Биз эч качан мамлекет катары, улут катары өз кызыкчылыктарыбызды унутпашыбыз керек. Өзгөчө Кытай өлкөсүнө карата. Эң биринчи шарт-эч кандай сырдуу макулдашуулар болбошу керек. Эки тарап тең бардык макулдашуулар жөнүндө толук маалыматка ээ болууга тийиш. Акыркы 15 жыл аралыгында биз Казак-Кытай мамилелеринин бир топ иренжитерлик натыйжаларына күбө болдук. Бул чек ара, суу маселелери жана башкалар.

Мурат Ауэзов сөз кылып жаткан бул жана башка көйгөйлөр Нурсултан Назарбаев менен Кытай мамлекет башчысы Ху Цзинтао менен 20-декабрда кол коюлган келишимдердин өзөгүн түздү. Казак президенти бул жолку сапарынын алкагында Гонконг жана Макау аймактарын да кезмекчи.

ОРУСИЯ МЕНЕН КАЗАКСТАНДЫН МУНАЙ КУУРЛАРЫ ЭЛ АРАЛЫК БАЗАРГА БАШТАНДЫ

Нарын АЙЫП, Прага Акыркы мезгилде Орусия жана Казакстанда өндүрүлгөн мунай менен газды эл аралык базарга чыгаруу маселеси айланасында көп сөз болууда. Оюнга акыркы жылдарда Кытай менен Жапония да кошулду.

Орусиянын мунайы негизинен куур аркылуу Кара деңиз боюндагы Новороссийск портуна жеткирилип, андан ары танкерлер менен ар башка мамлекеттерге деңиз аркылуу кетет. Азербайжандын мунайы дагы мурда Чеченстан аркылуу өткөн куур менен Новороссийскке келчү, жакында болсо Бакы-Тбилиси-Жейхан кууру жаткырылды жана азери мунайы эми эл аралык базарга Орусиясыз чыгууга мүмкүнчүлүк алды.

Казакстандын мунайы дагы негизинен орусиялык куурлар аркылуу Новороссийскке келет. Батыш мамлекеттери жана өзгөчө АКШ Казакстан менен көптөн бери татаал сүйлөшүү жүргүзүп келет, Каспий деңизинин казак жээгинен деңиздин түбү аркылуу куур жаткырылса, аны Бакы шаарына алып келсе болот жана андан ары ал Бакы-Тбилиси-Жейхан кууру аркылуу Жер ортолук деңиздеги портко Орусиясыз жетиши мүмкүн.

Орусия өзүнүн куур монополиясын саясий максатта пайдаланууда, ошондуктан Казакстан менен Азербайжандын мунайы эл аралык базарга көз карандысыз жол менен чыкса, Маскөөнүн да таасири азаят, бул эки мамлекеттин эгемендүүлүгү да күчөш керек.

Орусиянын Сибирде өндүрүлгөн мунайы мурда негизинен Батыш мамлектетерине кетчү, акыркы мезгилде болсо Кытайдын экономикасы эбегейсиз өнүккөндүктөн, Чыгыш тарапка дагы куур жаткыруу маселеси чыкты. Жана бул маселеде Кытай менен Жапония атаандаш болуп калууда.

1998-жылы Орусиянын ЮКОС компаниясы Кытай менен келишим түзүп, Орусиянын Ангарск шаарынан Кытайын Дациг калаасына чейин узундугу 2260 чакырым келген куур жаткырууга макулдашкан. Бирок кийин Орусия менен Жапония ортосунда 2003-жылдын январында бийик жолугушуу өткөрүлгөндөн кийин, Ангарск шаарынан Алыскы Чыгыштагы Находка портуна чейин куур жаткыруу келишими түзүлгөн, анын негизги кардары Жапония болуп калган жана куурдун жалпы узундугу 4200 чакырым болмок.

Бирок 2005-жылдын апрелинде Маскөө - ал куур алгач Кытайдын Дациг шаарына чейин жетип, андан кийин гана Находка жакка бурулат деп жарыялады. Ошондуктан бул маселеде Бээжин менен Токио атаандашып, улам бири жеңип жатат.

Казакстандан Кытайга кете турган мунай үчүн дагы куурлар жаткырыла баштады. Биринчи сүйлөшүүлөр 1997-жылы башталган, ишке болсо тараптар 2004-жылдын сентябрында киришкен, 2005-жылдын аягына карата ал куурдун 960 чакырымы жаткырылды. Анын жалпы узундугу 3000 чакырым болот деп пландалган, долбоор 2011-жылы бүтөт деп болжолдонууда.

Казакстанда өндүрүлгөн мунайдын 70 пайызы азыр дүйнөлүк базарга орус куурлары аркылуу чыгат, ошондуктан Кытайга курулуп жаткан жолдор дагы Казакстандын экономикалык жактан көз карандысыздыгын күчөтүүгө салым кошот деп айтылууда.

ЖЕЛТОКСОН ОКУЯСЫНА 20 ЖЫЛ БОЛДУ

Мындан жыйырма жыл мурда – 1986-жылдын декабрында Алматыда жергиликтүү жаштардын массалык нааразылык толкуну башталган. Буга ошо кездеги Казакстандын лидери Динмухаммед Кунаевдин кызматтан алынып,анын ордуна Геннадий Колбиндин дайындалганы себепчи болгон. Желтоксон козголоңу совет империясынын кыйрашына жана улуттук көз карандысыздыкка жол ачкан окуялардын бири катары бааланат.

“Казакстанга – казак башчы!” “Кунаев кайра кызматына коюлсун!” “Казакстан – казактардыкы!” – Ушул ураандар желтоксон демонстрациясына чыккандардын башкы талабы болгонун “Азаттыкка” Калелхан Адилхан уулу айтып берди. Желтоксон козголушу бир нече күнгө чейин уланып,Алматыга кошумча аскер күчтөрү киргизилген. Массалык акция күч менен таркатылып, анын катышуучуларын түрмөлөргө салышкан, уруп-сабашкан. Алардын баарын соттоп, узак мөөнөткө түрмөгө кесишкен. Алардын арасында ошо кезде Алматыда университетинде окуп жаткан Куансын Рахметов да болгон.

Советтер Союзу кыйрап, Казакстан көз карандысыздыкка жетишкен соң желтоксон окуясын эгемен бийлик башкача мааниде баалаган. Козголоңго катышканы үчүн соттолуп, ар кандай жазага тартылгандарды советтик репрессиянын курмандыктары деп жарыялаган жана аларды актаган.

Бирок Казак мамлекеттик университетинин профессору Сайин Бурбасов желтоксон окуясы алиге чейин толук иликтенип,өзүнүн адилет баасын ала элек деп эсептейт. Казакстан Компартиясынын борбордук комитети жарыялаган документте козголоңго он бир миңдей киши катышканы айтылган.Алардын ичинен сегиз жүздөн ашууну ар кандай жазаларга тартылган. Аларга улутчулдар, наркомандар, аракечтер деген жарлыктар тагылган. Бирок көп өтпөй бийликтер акцияга отуз-кырк миңдей жаштар катышканын айтышкан. Профессор Бурбасовдун болжолунда, Желтоксон козголушуна жок эле дегенде 25 миңдей адам чыккан. Канчасы курман болгону белгисиз бойдон калды, дейт профессор.

Желтоксан окуясы маалында азыркы президент Нурсултан Назарбаев министрлер советинин төрагасы болчу. Назарбаев өзү кийин желтоксанды Казакстандын тарыхындагы маанилүү окуя деп баалаган, бирок аны басууда ал кандай рол ойногону алиге чейин так айтылбай, такталбай келатат. Казак жаштарынын нааразылыгын басканга активдүү катышкан, аларды улутчулдар деп айыптагандардын көбү азыр деле бийликте отурушат, дейт желтоксанчылар.

Азыркы казак оппозициясынын лидери Жармахан Туякбай да ал кезде айыптоочу катары сот процесстерине катышкан. Желтоксончу Куансын Рахметовдун айтымында, кийин Туякбай жана Жогорку соттун ошо кездеги мүчөсү Кенжетаев козголоңго катышып, айыпка жыгылгандардан кечирим сурашкан.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG