Линктер

бейшемби, 18-июль, 2019 Бишкек убактысы 16:54

Борбор Азия

ТҮРКМӨНСТАН ИЗОЛЯЦИЯДАН ЧЫГУУГА АРАКЕТ КЫЛУУДА

Баян Жумакадыр кызы, Прага Бүгүн Астанада Казакстандын жана Түркмөнстандын президенттери эки мамлекеттин кызматташуусун чыңдоо максатын көздөгөн сүйлөшүүлөрдү өткөрдү. Анын жүрүшүндө эки башчы Түркмөн газын Казакстандын аймагы аркылуу Россияга алып өтүү келишимине кол койушту.

Сүйлөшүүлөр баштаалар алдында казак президенти Нурсултан Назарбаев эки өлкөнүн кызматташуусуна экөөнүн тең табигый ресурстарга бай болгону жакшы өбөлгө болуп жатканын айтты.

-Казакстан менен Түркмөнстан экөө тең табыгый рестурстарга, мунай менен газга бай өлкөлөр. Орток кызматташуу биз үчүн өтө пайдалуу ,- деди Назарбаев.

Эки күнгө созулган сүйлөшүүнүн жүрүшүндө эки лидер Казакстан, Россия жана Түркмөнстан кол койгон кызматташтык келишимин жүзөгө ашыруу жолдорун талкуулашты. Орток кызматташуунун алкагында Казакстан Түркмөн газын иштетүүгө катышмакчы. Башка долборлордун алкагында Казакстандын Жетыбай шаары менен Түркмөнстандын Түркмөнбашы( мурдагы Красноводск) шаары автожол менен байланыштырылмакчы.

Азаттыктын казак редакциясынын Астандагы кабарчысы Бауржан Шаякмет буларды баяндады:

-Эки президенттин айтымында, Түркмөнбашы менен Казакстандын Жетыбай шаарларын узундугу 237 километр келген автожол бириктирет. Ал жол Россиянын Астрахань шаарынан Казакстандын Атырау,андан ары түркмөн чек арасына жакын турган Актау шаарына кеткен жолдун бир тилкеси болмокчу. Бул жол Түркмөнстан менен Россиянын бириктирген жол болот. Автожолдон сырткаары эки өлкө эки ортодогу темир жол тилкесин оңдоону пландаштырып жатышат. Бул жол Түркмөн товарларын Казакстанга жана Россияга алып өтүүгө жардам берет.

Айрым байкоочулардын баамында, Түркмөнстандын азыркы президенти Курбангулы Бердымухамедов өлкөнү көп жылдык изоляциядан чыгарууга карай кадам жасап жатат. Астана визитинин башында ал анын өлкөсү КМШнын турмушунда активдүү роль ойноону көздөп жатканын айтты. Ал ошондой эле маркум Сапармурд Ниязовго сыйынуучулукка чек коюуга далалаттанып жаткан шекилдүү. "Хроника Туркменистана" вебсайты 28- марттагы чыгарылышында Ниязовдун Түркмөнабад шаарындагы эстелиги алынып салынганын маалымдады. Түркмөн оппозициясы мындай кадам жогорку бийликтин көрсөтмөсү менен гана жасалды, жергиликүү бийлик буга даай алмак эмес деп комментарийлейт.

Ага кошумча өткөн жумада эле Түркмөнстанга Азербайжандын тышкы иштер министри Эльмар Мамедьяров келип кетти. Каспий деңизиндеги газды бөлүшө албай келаткан эки өлкөнүн мамилеси ончакты жылдан бери начар болчу.

НАЗАРБАЕВ КҮЙӨӨ БАЛАСЫН БАЙЛАП КЕЛҮҮНҮ БУЙРУДУ

Казак президентинин күйөө баласы Рахат Алиевге эл аралык издөө жарыяланды. Өткөн аптада ал президенттин жарлыгы менен Казакстандын Австриядагы элчилигинен алынган эле. Алиевди быйыл январда коммерциялык банктардын бирин жетектеген эки кишинин уурдалышына тиешеси бар деп божомолдоп жатышат.

Казак бийликтери өлкөнүн өткөн ишембиге чейин Венадагы элчиси болуп турган Рахат Алиевди табылган жерде кармап,камакка алганга эл аралык полицияга –Интерполго атайын табыштама берди. Ички иштер министрлигинин басма сөз катчысы Багдат Кожахметов атайын топ Венага жөнөп кеткенин, Алиевди табылган жерде камакка алууга прокурор санкция бергенин билдирди. Полиция Алиевди изин жашырып качып кетиши ыктымал деп эсептеп,бу тууралуу бардык өлкөлөрдү кабардар кылды.

Президенттин күйөө баласы коммерциялык “Нурбанктын” мурдагы жетекчилигине кирген эки адамды – Абилмажен Гелимов менен Жолдас Тимралиевди өз кишилерине тымызын карматып келип, алардын банктагы жарнактарын өзүнө жаздырып алган деп айыпталууда. Уурдалды делингендердин бири азыр сотто сурак берүүдө,экинчиси дайынсыз жок. Өткөн жума күнү полиция Алиев менен Дарига Назарбаевнын Алматыдагы үйүндө тинтүү өткөрдү.

Рахат Алиев өзүнө коюлган айыптарды четке кагып,2012-жылы президенттикке талапкерлигин койгону жаткан үчүн ага жалгамалап кылмыш иш козгошконун айтып, мунун артында кайнатасы Нурсултан Назарбаев өзү турганын каңкуу кылды. Аялына жана өзүнө караштуу КТК телеканалы менен “Караван” гезити жабылганын, алардын айрым кызматкерлери кармалганын Алиев өлкөдө адам укуктары менен демократия принциптеринин одоно бузулушу катары сыпаттады. Мындан бир апта мурда ал кайнатасына өмүр бою президент болгонго мүмкүндүк берген конституциялык түзөтүүлөрдү да ушундай өңүттө сынга алган эле.

Казакстандагы байкоочулардын көбү президентке жакындыгынан пайдаланып, керегесинен май аккыдай болуп байып алган Алиев демократияны башына кыйынчылык түшкөндө гана эстеп жатканын айтып,бул жаңжал үчүн Назарбаев менен анын күйөө баласын бирдей өлчөмдө айыпташууда. Социал-демократтар партиясынын орунбасар төрагасы Амиржан Госанов кайната менен күйөө бала кармашынан Казакстанда калыптанган саясий маданиятты көрөт.

Цивилизацияланган өлкөлөрдө саясий чечимдердин баары парламент, партиялар, шайлоо, жарандык уюмдар аркылуу кабыл алынса, Казакстандагы система бир үй-бүлөгө гана ылайыкташтырылган, андыктан бу жаңжал да бир үй-бүлө ичиндеги жаңжалды билдирет, дейт ал.

Жарандык чөйрөдөгү белгилүү активисттердин бири Дос Көшүм демократия, бийик идеалдар, демократиялык принциптер тууралуу Алиев мырзанын эми жазып отурганын күлкү келерлик иш деп баалады. Эгер ал чын эле ушундай идеалдар үчүн күрөшсө, элчи болуп турганда эл аралык канча бир абройлуу жыйындарда эмне үчүн үн катпай жүрдү? Мен аны ушундай жыйындарда көп эле көрдүм,бирок демократияны жактап сүйлөгөнүн эгерим укканым жок, дейт Дос Көшүм.

Мындан бир жылдай мурда эле Рахат Алиев чоң бир макаласында Казакстанга демократия эмес, монархия керектигин, монархтын ордуна кайнатасы жарай турганын жазып чыккан эле.

НАЗАРБАЕВДЕР ООЛАТЫНДАГЫ ЧАТАК: ОЮНБУ ЖЕ ЧЫНБЫ?

Казакстанда президент Назарбаевдин улуу күйөө баласына кылмыш иши козголду. Рахат Алиев адам уурдаганы үчүн айыпталууда. Буга катарлаш өлкөнүн башкы прокуратурасы президенттин күйөө баласы менен кызына тиешелүү КТК телеканалы менен “Караван” гезитин үч айга жапты. Бейшемби күнү Венада Рахат Алиев журналисттер үчүн маалымат жыйынын өткөрөт дешкен эле, бирок ал белгисиз себептерден улам болбой калды.

Рахат Алиев – президент Назарбаевдин уулу кызы Дариганын күйөөсү, ушу тапта Казакстандын Венадагы элчиси. Ага кылмыш иши козголгонун Алматы полициясынын өкүлү ырастады. Президенттин күйөө баласы эки банк кызматкерин - Абилмажен Гелимов менен Жолдас Тимралиевди уурдаганы үчүн айыпталууда.

Гелимов менен Тимралиев коммерциялык
“Нурбанктын” мурдагы жетекчилери, бири башкарманын төрагасы, экинчиси анын орунбасары болгон. Быйыл январда алардын финансылык былыктары чукулуп калып,кызматтан алынып,иштери сотко берилген.

Гелимов ушу тапта камакта отурат,Алматынын Медео райондук сотунда анын иши боюнча процесс жүрүп жатат. Ал эми Тимралиев менен банктын мурдагы дагы бир жетекчиси Айбар Хасеновдун 31-январдан бери дайыны чыга элек. Аларды сот жоопкерчилигинен качып, из жашырып кетишти деп эсептешкен. Бирок Гелимов жакында агынан жарылып, алардын үчөөнү тең Рахат Алиев өз кишилерине шаар четиндеги бир мончого карматып келип, коркутуп, кордогонун, банктагы жарнактарын өзүнө жаздырып алганын айтып берди.

Гелимовдун айтымында, Рахат Алиев бул өлкөдө эмне кааласа,ошону жасай аларын,кармалып келгендердин баарын Украинага учуп кетти деп атайын жалган кабар таркатканын, паспортторуна чекарадан өттү деген мөөр бастырып, өздөрүн болсо ушу жерге көөмп салышарын айтыптыр.

Айласы кеткен Гелимов “Нурбанктагы” сегиз процент акциясын Алиевдин үй-бүлөсүнө өткөрүп бергенге аргасыз болгон. Буга кошумча Алиев “Нурбанк” турган имараттын бир капшытын текейден арзан баага сатып алган.

Мунун баарын Гелимов Астанадагы телеканалдардын биринен атайын көрсөтүлгөн берүүдө төкпөй-чачпай айтып берди. Түрмөдө отурган адамдын мындай каралама маегин “көгүлтүр экрандан” эки саат бою калктын калың катмарына жеткирген учур Казакстанда боло элек окуя эле. Муну бийликтер атайылап жасаган болуу керек деген божомолдорду ички иштер министрлиги караманча четке какты.

Президент үй-бүлөсүнүн абийирин журт алдында айрандай төккөн телеканалдын кылтасы кыркылат деп күтүшкөн эле, бирок мунун ордуна өлкөнүн башкы прокуратурасы коомчулукту таң калтырып, Рахат менен Даригага караган КТК телеканалы менен “Караван” гезитин үч айга жапты. Мындан тышкары полиция президенттин кудасы Мухтар Алиевдин үйүндө тинтүү өткөрдү. Анын алдында болсо Алиевдердин улуусу өз кудасын өмүр бою президент болгонго конституциялык укук алганын сындап чыккан эле. Акырында Рахат Алиев өзү Венада казак элчилигине бейшемби күнү журналисттерди чакырып, бардык чындыкты айтарын, атүгүл кайнатасы президент Назарбаевди да аябай турганын билдирген экен, бирок капыстан эле өз чечиминен айнып калды. Элчинин кайда экени да айтылган жок.

Казакстандык көз карандысыз журналист Сергей Дуванов мунун баарын атайын жасалып жаткан оюн деп эсептейт. “Бу жаңжалды атайылап көбүртүп-жабыртып жатышат, эң жогортон берилген көрсөтмөгө ылайык коомдук пикирди жакындагы конституциялык төңкөрүштөн алагды кылуу максатында жасалууда”,- дейт Дуванов.

КАЗАКСТАНДА ЖАҢЫ КОНСТИТУЦИЯ КҮЧҮНӨ КИРДИ

Казак президенти өлкө Конституциясына киргизилген өзгөртүүлөргө кол койду. Парламенттин кош палатасы өткөн жума күнү жактырган мыйзам 22-майда расмий басма сөздө жарыяланды. Конституцияга киргизилген соңку өзгөртүүлөргө ылайык Нурсултан Назарбаев эми президенттикке өмүр бою шайлана алат. Айрым байкоочулар бул көрүнүш Казакстандын эл аралык коомчулуктагы беделине таасири тийгизиши мүмкүн экенин, бирок мунайга жана башка табыгый байлыктарга байланышкан кызыкчылыктардын көлөкөсүндө каларын айтышууда.

Конституциянын жаңы үлгүсүндө президенттин кызмат мөөнөтү жети жылдан беш жылга түшүрүлдү. Бирок бир адам эки мөөнөттөн ашык шайлана албайт деген жобо биринчи президент катары Назарбаев үчүн колдонулбай турган болду. Казак Конституциясына сунуш кылынган ушул жана башка өзгөртүүлөрдү парламенттин кош палатасы өткөн аптада экинчи окуудан 17 мүнөттүн ичинде эле жактырды. Жаңы башмыйзамга ылайык, парламенттин төмөнкү палатасы- Мажлиске шайлоо эми партиялык тизме боюнча өткөрүлөт, ага катар парламенттеги орундардын саны 116дан 154кө чейин көбөйтүлө турган болду жана ага айрым бир кошумча укуктар берилди. Лондондогу "Жейнс" иликтөө уюмунун Борбор Азия боюнча аналитиги Мэттью Климентс казак Конституциясына киргизилген соңку өзгөртүү практикалык жүйөөдөн улам Казакстандын дүйнөдөгү беделине олуттуу деле таасир тийгизе албасын белгилейт:

- Менимче, бул казак саясатын бекем көзөмөлгө алган Назарбаевдин саясатынын улантылышы. Бирок өзгөртүү Батышка демократияга багыт алганын көргөзгөн башка өзгөртүүлөр менен кошо ишке ашырылды. Менимче, Казактандын минералдык байлыгына сырткы күчтөрдүн кызыгуусу кандай болгон күндө да тынчызданууларды жеңип кетет.

Анткени эл аралык коомчулук мунайга бай Казакстан менен кол үзгүсү келбейт. Ушундай эле ойду "Азаттык жана Эркин Европа" радиосунун казак кызматынын директору Мерхат Шарипжан да айтат:

- Ага өмүрүнүн аягына чейин кызматта калууга мүмкүндүк берген бул өзгөртүүлөр Батыш өлкөлөрүнүн көбүндө демократиялык эмес кадам катары каралган күндө да, Батыштын мунай, газ, башка ресурстар боюнча кызыкчылыгы үстөмдүк кылып кетчидей жана адатта боло жүрчүдөй эле Назарбаев өзүн суу үстүндө кармай алат.

Констиция өзгөртүлүп жатканда казак депутаттарынын ичинен экөөсү гана каршы болгон эле. Алардын бири Амалбек Тышан "Азаттыктын" Астанадагы кабарчысына буларды айтты:

-Чексиз дегенге каршымын. Ким болсо ал болсун демократиялык эрежелер сакталышы керек. Адамдар бири-биринен артык эмес. Биринчи президентби, экинчисиби. Бир гана өзгөртүү- Мажлистин депутаттарынын саны көбөйтүлгөнү гана кубаттоого аларлык. Калган өзгөрүштөрдө демократиянын белгиси жок. 15 берене боюнча биз парламент эмес, президенттин укугун кеңейттик.

Курагы алтымыш алтыга келген Назарбаевдин бийликтеги азыркы мөөнөтү 2012-жылы аяктайт. Конституциянын жаңы жоболорун пайдалануу жагынан анын кандай пландары бар экенин азырынча белгисиз.

НАЗАРБАЕВ ӨМҮРҮНҮН АЯГЫНА ЧЕЙИН ПРЕЗИДЕНТ БОЛУУГА МҮМКҮНЧҮЛҮК АЛДЫ

Нарын АЙЫП, Прага Казак парламенти жума күнү конституцияга орчундуу өзгөртүү киргизип, парламенттин ылдыйкы палатасына шайлоону партиялык негизде өткөрүүнү чечти. Андай сунушту президент Нурсултан Назарбаев шаршемби күнү киргизген, өз кезегинде парламент дагы демилге көтөрүп, эч ким эки мөөнөттөн ашык президент болбош керек деген чекти алып салды.

Акыркы жылдарда көптөгөн мурдагы советтик жумуриятта саясий реформа жүргүзүлүп, алардын башкаруу системасы президенттик бийликтен парламенттик башкарууга өткөрүлүп жатат. Айрым өлкөлөрдө андай реформанын айынан кризис да чыгууда, бирок Казакстанда андай демилгени президент Нурсултан Назарбаев өзү көтөрдү.

Назарбаевдин сунушу боюнча, президенттик мөөнөт 7 жылдан 5 жылга чейин кыскартылат, парламенттеги орундардын саны 116дан 154кө чейин көбөйтүлөт жана ылдыйкы палата - Мажилистин депутаттары толугу менен партиялык тизме менен шайланат. Өкмөттү отставкага кетирүү боюнча парламенттин укуктары күчөтүлдү, мисалга, андай чечим үчүн мурдагыдай депуттардын үчтөн экисинин эмес, жарымынын эле добушу жетиштүү. Бирок аны менен бирге президентке - премьер менен консультация өткөргөндөн кийин парламетти таратып жиберүү укугу дагы берилди.

Президенттин мындай демилгелерин парламент колдоду жана жума күнү эки палата тең андай өзгөртүүлөрдү конституцияга киргизүүгө макул болду. Бирок аны менен катар бир нече депутат демилге көтөрүп, конституцияга дагы бир өзгөртүү киргизип, эч ким эки мөөнөттөн ашык президент болбош керек деген конституциялык чектөө өлкөнүн биринчи президентине карата колдонулбайт деген кошумча кабыл алынды:

- Мадинов, Нехорошев жана башкалар кирген депутаттар тобунун сунушу боюнча конституциянын 42-беренесинин 5-бөлүмүнө - бул чектөө Казакстандын биринчи президентине карата колдонулбайт деген кошумча киргизилди. Биринчи президенттин жаңы, эгемендүү Казакстанды негиздөөгө зор салым кошконун баалап, ал баштаган саясий жана экономикалык реформаларды бүтүрүү керек болгондуктан, биргелешкен комиссия ал сунушту кабыл алды, - деп билдирди жума күндөгү талкуу учурунда депутат Эрмек Жумабаев.

Дагы бир депутат Амангелди Айталынын пикиринде, мындай өзгөртүүлөр бүткүл казак мамлекетинин кызыкчылыгында:

- Менин пикиримде, бул өзгөртүүлөр Назарбаевдин кызыкчылыгында эмес, мамлекеттин кызыкчылыгында, анткени биз азыр оор кезең алдындабыз. Биз эйфорияга алдырбаш керекпиз, анткени саясий партиялар менен байланыштуу өлкөдө проблемалар башталышы мүмкүн, ошондой эле маселелер улуттук азчылыктар менен, парламенттин укуктары кеңейгени менен байланыштуу да чыгышы ыктымал. Ошондуктан бизге акылман, тажрыйбалуу жетекчи керек, - дейт Айталы.

Назарбаев президент болуп алгач 1991-жылдын декабрында беш жылга шайланган, 1995-жылдын апрелинде анын президенттик мөөнөтү референдум аркылуу узартылган. Андан соң конституция өзгөртүлүп, президенттик мөөнөт беш жылдан жети жылга чейин көбөйтүлгөн жана 1999-жылдын январында Назарбаев жаңы конституция боюнча кайрадан биринчи жолу деп президент шайланган жана 2005-жылдын декабрындагы шайлоодон кийин анын расми түрдөгү экинчи президенттик мөөнөтү башталган. Эми болсо ал өмүрүнүн аягына чейин президент болду.

КАЗАКСТАНДА КОНСТИТУЦИЯ ӨЗГӨРТҮЛҮҮДӨ

Казакстанда Конституция өзгөртүлүүдө.Тиешелүү мыйзам долбоорун президент Нурсултан Назарбаев парламенттин кош палатасына сунуш кылды жана ал биринчи окуудан кабыл алынды. Сунуш кылынган өзгөртүүлөрдүн бири президенттин бийлик мөөнөтүн азыркы 7 жылдан 5 жылга түшүрүүнү карайт. Бул жобо толук жактырылса, 2012-жылы Нурсултан Назарбаевдин бийликтеги мөөнөтү аяктаганда күчүнө кирмекчи.

Нурсултан Назарбаевдин ырастоосунда, сунуш кылынган өзгөртүүлөр өлкөдө саясатты либералдаштырууга багытталган. 16-майда парламентке жасаган кайрылуусунда казак президенти буларга токтолду:

- Мен республика президенттик формада калып, бирок парламенттин ыйгарым укуктарын бир топко кеңейтүүнү караган өзгөртүүлөрдү сунуш кылып жатам. Бул иш жүзүндө биздин республиканы президенттик моделден президенттик-парламенттикке айланат.

Казак президенти ага катар парламенттин кош палатасындагы депутаттардын санын көбөйтүүнү сунуш кылды. Маселен жогорку палата -Сенат менен төмөнкү палата -Мажлистеги орундардын санын кошкондо 38ге көбөйтүлүп, 154кө жетмекчи.

Депутаттык орундардын саны
көбүрөөк палата- Мажлиске шайлоону толугу менен партиялык тизме боюнча өткөрүү сунуш кылынды.

Бийликте 1989-жылдан бери отурган Нурсултан Назарбаевдин президенттигинин соңку мөөнөтү 2012-жылы аяктайт. 1995-жылы бир ирээт ал өз ыйгарым укугунун мөөнөтүн референдум аркылуу узарткан. Соңку шайлоо 2005-жылы болду. Конституцияга сунуш кылынган жаңы өзгөртүүлөр боюнча президенттин бийлик мөөнөтү 7 жылдан 5 жылга түшүрүлөт. Ошондой эле Конституциядан саясий партиялар менен коомдук уюмдарды мамлекеттин каржылоосуна тыюу салган жобо алынмакчы. Назарбаевдин пикиринде. Казакстан эч кимди туураган жок, өз жолу менен кетүүдө:

- Дүйнөлүк тажрыйбаны изилдеп, анализдеп биз эволюциялык жолду гана тандап алдык. Биз демократиянын сырттан күч менен киргизилишине өзгөчө каршыбыз. Биз кимдир -бирөөнү тууроого аракеттенген жокпуз, бирок өзбүздүн өлкөгө, элге керектүү нерсени жазап жатабыз.

Айтор сунуш кылынган өзгөртүүлөр казак парламентинин кош жыйынында алгачкы окууда дароо эле колдоо тапты. Президент Назарбаедин "Нур Отан" партиясынын өкүлдөрү сунуш кылынган өзгөртүүлөрдү демократияны көздөй ири бурулуш катары мүнөздөшүүдө. Башка партиянын өкүлдөрү да парламенттин төмөнкү палатасына шайлоонун келечекте париялык тизме менен өтүшүн оң баалап жатышат.

- Муну казак улутун модернизациялоонун жаңы бир жолу деп ойлойм. Анткени калк саясий программаларга, саясий көз-караштарга добуш берсе, биздин ич-ара бөлүнүүбүзгө мүмкүнчүлүктөр азаят. Саясий жараяндар элдин ичи ыдыратпайт,-дейт борборчул "Ак жол" партиясынын лидери Алихан Байменов.

Ал эми оппозициядагы Социал-демократиялык партиянын лидери, соңку президенттик шайлоодо президент Нурсултан Назарбаевге атаандаш болгон Жармахан Туякбайдын пикиринде, казак бийликтери "олуттуу саясий реформаны" жүргүзүү ниетин көргөзүп жаткандай, бирок маселе шайлоо системасы өзгөртүлгөнүндө эмес, ал адилет өтөөр -өтпөсүндө:

- "Нур Отан" партиясы административдик ресурска таянат. Эгер чыныгы саясий атаандаштык болсо, биз ким кандай орун аларын көрөр элек.

Жергиликтүү саясат таануучуларды айрымдары Казакстанда Конституция өзгөртүлүп жатышында тышкы маселелердин да таасири бар экенин белгилешүүдө.

- Албетте ЕККУ уюмуна төрага болом депген адам, бир жыл убакыт берилгенден кийин, саясий реформалардын бир- экөөсүн жасашы мүмкүн, Алматылык саясат таануучу Дос Көчүм.

Казакстандын ЕККУ уюмуна 2009-жылы төрага болуу мүдөөсү бар. Конституцияга сунуш кылынган өзгртүүлөр парламентте экинчи окууда жактырылып, президент кол койгондон кийин мыйзамдык күчкө ээ болот.

ТҮРКМӨН ПРЕЗИДЕНТИН БИЙЛИККЕ АЛЫП КЕЛГЕН АДАМДАРДЫН БИРИ КЫЗМАТТАН АЛЫНДЫ

Нарын АЙЫП, Прага Түркмөн сыналгысы 15-май күнү билдиргенге караганда, президентти коргоо кызматынын башчысы генерал Акмурад Режепов кызматтан алынды. Байкоочулардын айтымында, бул адам - азыркы президент Гурбангули Бердымухаммедовду бийликке алып келген саясатчылардын бири болчу.

Советтик КГБда иштеген Акмурад Режепов 1980-жылдарда КГБ менен компартиянын Борбордук комитети ортосундагы байланыштар үчүн жооптуу офицер болуп иштеген жана 1991-жылы Түркмөнстан эгемендүү мамлекетке айланганда, президентти коргоо кызматын түзүп, аны башкарууга киришкен.

Андан бери өткөн 16 жылдын ичинде түркмөн жетекчилигинде канча өзгөрүү болгону менен, Режепов өз кызматын сактап келген жана анын мурдагы президент Сапармурад Ниязовко болгон таасири өтө күчтүү болчу деп айтылууда.

Орусиялык "Ведомости" гезити 16-май күнү жазганга караганда, Ниязовдун учурунда Түркмөнстанда кабыл алынган айрым антиорусиялык чечимдердин артында да Режепов турган деген маалыматтар бар жана айрым саясатчылар азыркы президент Гурбангули Бердымухаммедовду - Режеповдун колундагы куурчак деп да атап келишкен, анткени Бердымухаммедовдун бийликке келишинде да Режепов зор мааниге ээ болгон.

Түркмөн мыйзамдары боюнча, эгер бийликтеги президент дүйнөдөн кайтса, анын ордун парламенттин спикери басууга тийиш жана былтыр 21-декабрда Ниязов каза болгондон кийин Коопсуздук кеңешинин шашылыш чакырылган жыйынында ал тууралуу ал кездеги спикер Овезгелди Атаев ачык айткан. Бирок коопсуздук кызматтары ага каршы дароо кылмыш ишин ачып, аны камакка алган жана январда Атаев беш жылга эркинен ажыратылды.

Бир кезде анын уулу бир кызга үйлөнөйүн дегенде, Атаевдин аялы ага катуу каршы чыккандыктан, ал кыз уу ичип, аз жерден өлбөй калган. Ал окуя жөнүндө укканда, президент Ниязов Атаевди элдин көзүнчө тилдеген, бирок кызматтан алган эмес. Ниязов кайтыш болгондон кийин болсо, ал кыз кимдир бирөө тарабынан ууландырылган деген маалымат чыгып, Атаев камакка алынган.

Орус маалымат каражаттары билдиргенге караганда, Режеповдун кызматтан алынышына жакында Түркмөнстанга орус президенти Владимир Путиндин келип кеткени да таасир кылган сыяктуу, анткени Кремил - президент Бердымухаммедов менен кеңешчилерсиз, тикелей мамиле түзүүнү чечкен жана жаңы президентке кеңири колдоо көрсөткөн.

11-февралда президент болуп шайлангандан кийин Бердымухаммедов тартип орнотуу кызматтарынын башчыларынын баарын орундарында калтырган, бирок апрелдин башында ички иштер министри Акмамед Рахмановду кызматтан алып, анын ордуна Хожамырат Аннагурбановду дайындаган. Ал болсо бир ай мурда эле айылдык милиция башчылыгынан алып келинип, ички иштер министринин орун басарына чейин өскөн.

Швециядагы Уппсала университетинин эксперти Сванте Корнелдин айтымында, жаңы президент өз бийлигин күчөтүп, мурдагы режимдин таасирдүү адамдарынан кутулууда: "Эгер коопсуздук кызматынын башчысынын таасири анын милдеттеринин чегинен ашып, бир топ башка чөйрөгө да тараганы чын болсо, бул өтө кайраттуу кадам", - дейт Корнел.

Көпчүлүк эксперттердин пикиринде, Бердымухаммедов мурдагы президент түзгөн катуу режимди бир кыйла жумшартып, жабык коомду ача баштады, бирок бул жараян канчалык оор болсо, ошончолук узак дагы, ал кантип аяктаарын азырынча айтуу кыйын.

Визасыз меймандостук Кыргызстанды туристтерге маарытабы?

Кыргызстандагы туроператорлордун ассоциациясы Евробиримдикке кирген өлкөлөрдүн жарандары үчүн Кыргызстанга визасыз кирүү эрежесин камсыздоого жетишүүгө аракет жасоодо. Бул багытта аталган ассоциация эларалык ишкерлер кеңеши менен бирдикте атайын токтомдун долбоорун түзгөн. Туроператорлордун айтуусунда мындай эреже өлкөгө келүүчү туристтердин агымын күчөтмөк.

Кыргызстанда туристтик индустрияны өнүктүрүү жана сырттан келүүчү туристтердин санын арбытуу үчүн мамлекет бир нече кадамдарга барып, анын ичинде мамлекеттик тейлөө кызматын эл аралык деңгээлге чыгаруу керек. Муну менен Кыргызстан кээ бир өлкөлөрдүн жарандары үчүн визасыз кирүү эрежесин кабыл алууга тийиш деп белгилешет туроператорлор. Эң алды менен мындай эрежени өнүккөн өлкөлөрдүн жарандары үчүн кабыл алуу керек дешет алар.

“Кыргызконсепт” ишканасынын президенти Эмил Үмөталиевдин айтуусунда мындай эрежени киргизүүдөн мамлекет экономикалык жактан бир топ утушка ээ болмок жана Кыргызстан туризм өлкөсү катары дүйнөгө кеңири таанылмак:

-Биздин мамлекетибиз чечиши керек: биз өлкөнүн экономикасын виза сатуу менен өнүктүрөбүзбү же меймандосчулугубуз менен туризмди өнүктүрүп, байытабызбы? Эгер туризмди өнүктүрөбүз деп айтсак, анда виза аркылуу акча табуудан биз бир аз тартынышыбыз керек. Эл аралык тартип ошондой.

Эмил Үмөталиевдин айтуусунда коопсуздук жагынан коркунуч келтирбеген өлкөлөрдөн келүүчү жарандарга визасыз эреже киргизүү тууралуу сунуш кыргыз өкмөтүнө 1995-жылы берилген. Ошондон бери бул маселе көңүл сыртында калып келе жатат.

Туризмди өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттик билдиргендей, өткөн жылы Кыргызстандын чегарасынан алыскы чет өлкөлөрдүн 98 миңден ашуун жараны кирген. Анын ичинен 70% Евробиримдикке кирген өлкөлөрдүн атуулдары болуп саналат. Визасыз кирүү эрежесин сунуштагандардын айтуусунда бул өлкөлөрдүн жарандары Кыргызстанга террордук же дагы башка кооптонууну туудурбайт.

“Кыргызконсепт” ишканасынын президенти Эмил Үмөталиевдин айтуусунда өнүккөн өлкөлөрдөн эс алуу же жер кыдыруу максатында келген туристтер жок дегенде 500 долларын Кыргызстанда калтырып кетет. Бирок алар жер көрүү же эс алуу үчүн барарда эң биринчи орунга өз коопсуздугун коет, ошондуктан, виза талап кылынчу өлкөлөргө алар ишенбөөчүлүк жана тынчсыздануу менен мамиле кылышат дейт ал:

-Туристтер кайсы өлкөгө барарын чечүүдөн мурун ал өлкөгө кирүү кандай тартипте жүргүзүлөрүнө кызыгышат. Алардын түшүнүгү боюнча визасыз кирүүгө мүмкүн болгон өлкөлөр чын эле меймандос, коопсуз өлкө катары кабыл алынат. Эгерде “виза аркылуу киресиз” деген сөздү укса, анда ишенбөөчүлүк менен карап, “же бул өлкөнүн ичинде көйгөйлөрү бар, же биздин мамлекет менен мамилеси жакшы эмес” деп кооптонушат.

Визасыз режим киргизүүгө Кыргызстандын парламенти да каршы эмес дейт вице-спикер. Эркинбек Алымбековдун айтуусунда бул маселени өкмөттүк деңгээлде чечүү маселеси гана турат:

-Азыр өкмөт, президент жана тышкы иштер министрлигинин кыскача көз караштарын жеңүү, коомчулукту кеңири даярдап, туроператорлордун ассоциациясы жана эларалык ишкерлер кеңеши менен чогуу мыйзам долбоорун даярдап, парламентте кабыл алып, өкмөткө берели.

Туризмди өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттиктин маалыматы боюнча акыркы жыл ичинде консулдук чогултуудан 3 млн 200 миң доллар мамлекеттин пайдасына түшкөн. Визасыз кирүү эрежесин сунуштагандардын пикиринде бул Кыргызстанга келүүчү туристтерден түшүүчү кирешеге салыштырганда алда канча аз каражат. Өткөн жылы туризмден түшкөн киреше ички дүң продукциянын 4% түзгөн. Акча менен алганда бул 115-120 миллион доллардын тегерегинде.

ӨЗБЕКСТАНГА КАРШЫ ЖАРЫЯЛАНГАН ЧЕКТӨӨЛӨР АНЧА-МЫНЧА ЖЕҢИЛДЕТИЛДИ

Нарын АЙЫП, Прага Европа Биримдигинин тышкы иштер министрлери 14-май күнү Брюссел шаарында Өзбекстандагы абалды талкуулап, мындан эки жыл мурда ага каршы киргизилген чектөөлөрдү жумшартууну чечти.

Европа Биримдигине азыр Алмания төрагалык кылууда жана уюмдун июнда өтө турган бийик жоулугушуусунда ал - Борбор Азия боюнча Биримдиктин стратегиялык саясатын кабыл алдырууну көздөп жатат. Анын алкагында Берлин - Анжиян окуялары менен байланыштуу Ташкенге каршы мындан эки жыл мурда жарыяланган чектөөлөрдү жумшартууну көптөн бери сунуштап келет.

Адам укуктырын коргоочулардын айтымында, 2005-жылдын 13-майында Анжиянда беш жүздөн бир миңге чейин адам курман болгон, анткени өкмөттүк күчтөр шаардын борбордук аянтында чогулгандарга ыргабастан ок аткан. Өкмөттүн билдиргенине караганда болсо, бардыгы болуп 187 адам өлгөн жана алардын көпчүлүгү - ал провокацияны уюштуруп, окту биринчи аткан террорчулар болчу.

Европа Биримдиги ал окуяга эл аралык тергөө жүргүзүүнү талап кылган жана Ташкен ага макул болбогондон кийин Өзбекстанга каршы чектөө жарыялаган - өзбек өкмөтү менен техникалык алака түзүүгө тыюу салынган, өлкөгө курал сатууга эмбарго жарыяланган жана Өзбекстандын 12 жетекчисине Европа мамлекеттерине келүүгө виза берилбей калган.

Былтыр декабрда болсо Алманиянын демилгеси боюнча Өзбекстан менен техникалык байланыштар кайра башталды жана эки тарап андан бери эки жолугушуу өткөрдү. Берлиндин айтымында, Өзбекстандагы адам укуктарынын абалы дагы Ташкен менен талкууланууда.

Европалык айрым дипломаттардын айтымында, Анжиян окуяларына эл аралык тергөө жүргүзүү талабын дагы акыркы мезгилде Берлин токтотуш керек деп айта баштады, бирок Биримдиктин башка мүчөлөрү, алардын ичинде Британия жана Норвегия, ага катуу каршы. Өзбек жетекчилери болсо акыркы мезгилде - өкмөттүк күчтөр Анжиянда кыргын уюштурган деген күнөөлөр негизсиз экенин Батыш мамлекеттери моюнга ала баштады деп айтууда.

Анткен менен Брюсселдеги жыйын алдында ар башка эл аралык уюмдар Биримдикке кайрылып, Өзбекстанга карата мамилени жумшартуу али эрте экенин бир ооздон билдиришти, анткени, алардын айтымында, адам укуктарынын абалы Өзбекстанда акыркы мезгилде эч кандай жакшырган жок жана өкмөттүкүнөн айырмаланган пикир айткандын баары өлкөдө катуу куугунтукка алынууда.

Анын баарын эске алып, уюмдун тышкы иштер министрлери 14-май күнү Брюсселде мунаса чечим кабыл алды - Өзбекстанга карата мурда жарыяланган негизги чектөөлөр улантылат, бирок европалык виза берилбейт деген өзбек жетекчилеринин тизмеси 12 адамдан сегизге чейин кыскартылат.

Жыйын өткөндөн кийин ал тууралуу журналисттерге Биримдиктин тышкы байланыштар боюнча комиссары Бенито Ферреро-Валднер билдирди: "Менин оюмча, бир жагынан чактөөлөрдү ордунда калтырып, ошол эле учурда, мисал үчүн, адам укуктары боюнча биринчи жыйынтыктар пайда болуп жактанына колдоо көрсөтүү - өтө маанилүү", - деди Ферреро-Валднер. Анын айтымында, алты айдан кийин маселе кайрадан каралат.

АНЖИЯН ОКУЯЛАРЫНА ЭКИ ЖЫЛ ТОЛДУ (Сүрөт баян)

Оппозиция менен укук коргоочу активисттердин эсебинде, Анжиандагы кара кыргында бери эле дегенде миңден ашуун киши опот болгон. Анжиан окуяларын калыс териштирүүдөн баш тартканы жана демонстранттарга курал колдонгону үчүн Евросоюз Ташкен режимин айыптап, ага бир катар саясий жазаналарды салган эле. Бүгүн Союздун жетекчилиги ошол санкцияларды алып салуу керекпи, же алардын мөөнөтүн узартуу зарылбы – ушул маселени талкуулашы ыктымал. Эл аралык укук коргоочу уюмдар, өзбек оппозициясы Евросоюзду өз санкцияларын күчүндө калтырууга чакырышууда.





























АНЖИАНДАГЫ ОКУЯЛАРДЫН ЭКИ ЖЫЛДЫГЫ БЕЛГИЛЕНДИ

Евросоюздун жетекчилиги бүгүн Анжиандагы окуялардан кийин Өзбекстанга жарыяланган санкциялардын мындан аркы тагдырын талкуулайт. Чет өлкөлөрдө сүргүндө жүргөн өзбек оппозициясынын мүчөлөрү Анжиандагы калайманда курман болгондорду эскеришти жана Евросоюзду Өзбекстандагы режимге каршы жарыяланган санкцияларды күчүндө калтырууга чакырышты.

Өткөн ишемби күнү Брюсселге Европа өлкөлөрүндөгү өзбек мигранттары жыйынга чогулушуп,эл аралык коомчулукту Анжиан балааматын унутпоого чакырышты. Митингге чогулгандар Ташкендеги режимди айыпташты.

-Диктатор Каримовду токтоткула! Диктатор Каримовду токтоткула!

Анжиан окуясынын 2 жылдыгына байланыштуу пикет-жыйындар Москвадагы, Бишкектеги жана башка жерлердеги Өзбек элчиликтеринин алдында да болуп өттү. Анжиандагы балаамат маалында канча киши кыргын тапканы жана окуяга эмнелер себепчи болгону тууралуу азыркыга чейин так маалыматтар жок. Учурунда эл аралык көз карандысыз комиссия түзүп, окуянын чоо-жайын кылдат иликтеп чыгуу тууралуу Улуттар уюмунун, АКШ өкмөтү менен Евросоюздун сунуш өзбек бийликтери четке каккан.

Президент Ислам Каримов Анжианда куралдуу экстремисттер каршылык көрсөттү, кагылыш ошондон тутанды, операция учурунда 187 киши набыт болду, алардын көбү козголоң чыгаргандар деп ырастаган.

Ал эми ошол митингге катышып, окуяга түздөн-түз күбө болгондор иштин чоо-жайын башкача баяндашат.

-13-майда шаардагы аянтка топтолгон эл, трибунада тургандар өздөрүнүн оор шарттарына даттанып, иш жок, нан-чайга пулубуз калбай баратат, эмне кылабыз, пенсияларыбыз аз дегендей талаптарын айтып, сүйлөп жаткан карапайым эле кишилер болчу. Ошол маалда аскерлер аянттагы элди автоматтан ок жаадырып атып киришти, - деп эскерет бул окуяга түздөн-түз күбө болгондордун бири.

Оппозиция менен укук коргоочу активисттердин эсебинде, Анжиандагы кара кыргында бери эле дегенде миңден ашуун киши опот болгон.

Анжиан окуяларын калыс териштирүүдөн баш тартканы жана демонстранттарга курал колдонгону үчүн Евросоюз Ташкен режимин айыптап, ага бир катар саясий жазаналарды салган эле. Бүгүн Союздун жетекчилиги ошол санкцияларды алып салуу керекпи, же алардын мөөнөтүн узартуу зарылбы – ушул маселени талкуулашы ыктымал. Эл аралык укук коргоочу уюмдар, өзбек оппозициясы Евросоюзду өз санкцияларын күчүндө калтырууга чакырышууда.

КАЧКЫНДАР АНЖИАНГА КАЙТСАК ДЕШЕТ, БИРОК КОРКУШАТ

Эки жыл илгери Өзбекстандын Анжиан шаарындагы калаймандан жергиликтүү жүздөгөн тургундар коңшулаш өлкөлөргө,айрыкча Кыргызстанга качып өтүшкөн. Алардын көбү кийин качкын статусун алып, Европага жана Түндүк Америкага которулуп кетишкен. Чет элге кеткендердин айрым бөлүктөрү өз жерине кайтып келишти, калгандары болсо эл аралык гуманитардык уюмдардын калканч-камкордугу менен күн көрүп жатышат. Кыргызстанда калган анжиандык качкындардын бирин жакында “Азаттыктын” кабарчысы кепке тартып, анын жашоо жагдайына кызыкты.

Тогбай Раззоков былтыртан бери Кыргызстанда баш калкалап жүрөт. Мындан эки жыл мурда Анжиандын борбордук аянтында аскерлер ок атып, кууп таркаткан аламан элдин арасында ал да болгон. Аман калганына тобо кылып, шаардан кеткен эмес. Арадан көп өтпөй аны бийликтер сурак-сопкутка алып, тергеп-тескей башташкан. Ошондон соң беймарал жашай албасына көзү жетип, акыры коңшулаш Кыргызстанга өтүп кеткенге аргасыз болгон.

Раззоков 60та. Анжианда төрөлүп-өскөн,Өзбекстанда төбөсү көрүнгөн акындардын бири, мектепте мугалим болуп иштеп,эки-үч жылдан соң пенсияга чыксам деп жүргөн. “Пайгамбар жашына келгенде ушинтип өз жер, өлөң төшөктөн айрылып,жумушсуз, ишсиз, бөлөк жер, бөтөн элде минтип тентип-тербип каларым үч уктсам түшүмө кирген эмес эле”,- дейт ал. Ага азыр анжиан качкындарына жардамдашуу үчүн түзүлгөн “Адилет” соопкерчилик уюму каралашат. “Адилет” аркылуу айына эки миң сом беришет, ошого эптеп тааныш-билиштердин үйүндө турам, майда-барат иштери болсо, жардамдашам, ушинтип жашап жатам”,- дейт ал.

Эки жыл мурдагы Анжиандагы окуяларды эскерип, Раззоков 13-майда шаардагы аянтка топтолгон эл саясий эч кандай талаптарды койбогонун айтат. “Трибунада тургандар, башкалар өздөрүнүн оор шарттарын, арыз-армандарын айткан эле адамдар эле. Иш жок, нан-чайга пулубуз калбай баратат, эмне кылабыз, пенсияларбыз аз дегендей талаптарын айтып, сүйлөп жатышкан болчу”, - дейт Раззоков. Ошол маалда аскерлер аларга автоматтан ок жаадырып, атып киришкен.

Өзбек өкмөтү окуяны башкача түшүндүрүп, куралдуу экстремисттер каршылык көрсөттү, кагылыш ошондон тутанды, 200дөй киши набыт болду,алардын көбү козголоң чыгаргандар деп ырастаган.

Раззоковго качкын иретинде Канадага жер которуп кеткенге жакында уруксат беришти. Кыргызстандан ал майдын этегинде жөнөп кетет. Бул жердеги шарт-жагдайына, финансылык каатчылыкка ал даттанбайт. “Айына 50 доллар берсе,бизге ошо деле жетет, - дейт ал. - Бу акчага чай-чамек алып, ага кошумча ”Адилет” берип жаткан макаронго эптеп жан бакса болот, кудайга шүгүр, кайырчылык кылгыдай абалда калганыбыз жок, коңшу-колоңдор, тааныш-билиштер, үй ээси тамак-аштан каралашып турушат, иши кылып, жакшы адамдар арасында өлбөгүдөй болуп жан бакса болот”.

Раззоков Канадага кетсе да Анжианды эстеп, куса болорун айтып, аманчылык болсо, эртедир-кечтир өз шаарына айланып кайра келерине ишенет.

ОРУС ПРЕЗИДЕНТИ ПУТИН ИШ САПАРЫ МЕНЕН АШГАБАТТА

Орусиянын президенти Владимир Путиндин Борбордук Азияга жасаган иш сапары бул күнү Ашгабадда уланды. Бүгүн Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедов менен Орусиянын президенти Владимир Путин жолугушуу маалында отун-энергетикалык чөйрөдө кызматташуу маселеси кеп болду.

Алдыда турган максат Түркмөнстандын жеринен чыккан, так айтканда, Каспий деңизинин жээгиндеги газды Орусиянын жери менен ташып чыгып батышка сатуу болуп атканы дайын болууда.

Ал жерде президент Путин журналисттер алдында айткан кепте да алдыңкы күнү Астанда айтылган кептей энергетика кубатын өндүрүүчү отун тууралуу болгон:

«Албетте, биз биринчи кезекте энергетика туурасында сүйлөшөбүз. Бул жагынан алганда биз (Түркмөнстан менен – ММ) сөздүн түз маанисинен алгандагы - стратегиялык өнөктөшпүз жана биздин алдыда дагы кыйла биргелешкен жумуштар бар», - деген.

Түркмөнстандын президенти Бердымухаммедов ал жерде кесиптеши орусиялык лидерге кайрылып, анын визитин Түркмөнстан үчүн достук жана эки элдин эзелтен келе жаткан алакасынын чыңдоо үчүн кызмат кылат, деп белгиледи.

Ишембиде Путин менен Бердымухаммедов мурдагы Красноводск же азыркы Түрмөнбашы калаасында Казакстандын президенти Назарбаев менен бирге кеңири, үч тараптуу саммитке жыйылышмакчы.
Орусиялык анализчи Алексей Власовдун баамында каспийлик долбоор тегерегинде чуу орусиялык энергиялык кубатты өндүрүүчү отунду Батышка сатуу багытында ал үчүн орун талашкандар тараптан уюшулган.

КАЗАКСТАН МУНАЙДЫ ОРУСИЯ АРКЫЛУУ ТАШУУГА ДИЛГИР

Бүгүн Казакстандын баш калаасы Астанада казак президенти Нурсултан Назарбаев менен орус президенти Владимир Путиндин сүйлөшүүлөрү өттү. Путин Борбор Азияга алты күндүк сапар менен кечээ кечинде келген. Максат – бул региондо энергетикалык запастарга бай Казакстан жана Түркмөнстан менен маанилүү келишимдерге жетишүү.

Астана сүйлөшүүлөрүндө бир топ маанилүү чечимдер кабыл алынды. Биринчиден, казак президенти анын өлкөсү дээрлик бүт мунайды Орусия аркылуу ташууну каалай турганын бышыктады.

- Казакстан өзүнүн аймагындагы мунайдын көпчүлүк бөлүгүн, же бүт баарын Орусия аркылуу ташып өтүүгө дилгир, - деп айтты президент Н.Назарбаев.

Ошентип, Орусия үчүн көптөн бери машакатка айланып келген маселе чечилгендей болду окшойт. Эксперттердин айтымында, В.Путин казак кесиптешинен дал ушул сөздү угууну каалаган. 2004-2006-жылдары Орусия Беларусь менен Украинага жаратылыш газын кымбат сата баштагандан бери дүйнөдө, өзгөчө, Европада, Орусияга ишеним жоголо баштаган эле.

Украина, Азербайжан, Грузия жана Казакстан эми мунайды Орусия аркылуу эмес, аны айланчыктап өткөн маршрут аркылуу Европага ташуу планын караштыра башташкан. Бул боюнча эки башка долбоор талкууланганы бар. Ушул күндөрү, 11-13 майда, Польшада ошол мамлекеттердин энергетикалык саммити да өтүшү болжолдонгон. Бирок Путиндин Борбор Азияга сапары ал саммиттин күчүн бир топ эле басаңдатып салгандай болду. Анткени, саммитке келчү таасирдүү мүчөлөрдүн бири, Нурсултан Назарбаев, Польшага барбай калды. Муну аз келгенсип, эми минтип, өлкөдөгү дээрлик бүт мунайын Орусия аркылуу ташый турганын да ырастап олтурат.

Орусиядагы монополист «Газпром» компаниясы ушул эле күнү Астанада казакстандык тарап менен газды кайра иштетүүчү Оренбургдагы заводдо биргелешкен ишкана куруу боюнча сүйлөшүүлөрдүн негизги этабы аяктаганын кабарлады. Компаниянын жетекчиси Алексей Миллердин айтымында, жетишилген келишимге ылайык, «Газпром» Карачаганактан сордурулуп алчу газды сатып алат. Миллер газды өндүрүүдөн баштап, аны кайра иштетүү, кийин башка мамлекеттерге сатууга байланышкан бүт ишти казакстандык тарап менен сүйлөшкөнүн айтты. Биргелешкен ишкананын маанисин президент Путин да белгилеп өткөндөй болду.

- Казакстанда биздин «Газпром», «Лукойл» өңдүү алдыңкы ишканаларыбыз көптөн бери иштеп келатышат. Оренбургдагы заводдун алкагында биргелешкен ишкананы иштетүүнү башташ үчүн узак мөөнөткө, 15-жылга, эсептелген келишимди тезирээк даярдап бүтүш керек. Биз Нурсултан Абишевич (Назарбаев – ТД.) менен да бул жөнүндө сүйлөштүк. Алгач аткарылышы керек болгон айрым маселелер бар. Бирок бул иште чечилбей турган эч суроо жок деп ишенем, - деди орус президенти.

Сүйлөшүүлөрдөгү негизги чечимдердин дагы бири – Орусия менен Казакстан жайчылык максаттарда уран байытуу боюнча эларалык борбор кура турганы болду. Ал борбор кайсыл жерде курулаары азырынча белгисиз. Казакстан урандын запастары боюнча дүйнөдө Канада жана Австралиядан кийинки үчүнчү орунду ээлейт. Орус президенти анын өлкөсү Казакстанда өзөктүк электр-станциясын куруу ишине катышууга даяр экенин билдирди.

Бейшембиде Путин Түркмөнстанга барат, кийин 12-майда кайра Казакстанга келип, 15-майга чейин Актау шаарында казак, түркмөн перзиденттери менен бирге энергетика жаатында сүйлөшүүлөрдү улантмакчы.

Төрөкул Дооров, Москва

ӨЗБЕКСТАН: УМИДА НИЯЗОВАНЫ ЖЕТИ ЖЫЛГА КЕСИШТИ

Өзбекстанда 1-май күнү Ташкендеги райондук соттордун биринде эркин журналист жана укук коргоочу активист Умида Ниязова жети жылга эркинен ажыратылды. Сот аны чек арадан мыйзамсыз өткөнү, өлкөдө уруксат берилбеген материалдарды таркатканы жана тополоңго тукурганы үчүн күнөөлүү деп тапты. Эл аралык жана жергиликтүү укук коргоочулар, көз карандысыз журналисттер Ниязованы бийликтердин саясий тапшырыгы менен адилетсиз жазага туш болду дешет.

Умида Ниязовага чыгарган сот бүтүмүн “Азаттыкка” көз карандысыз журналист Сид Янишев кабарлады. Ниязованы судья жалпы режимдеги колонияда жети жыл жаза өтөгөнгө өкүм кылды, деп билдирди ал. Андан соң бу маалыматты Ниязованын бир тууган эжеси да бышыктады.

Сотто Ниязова өзүнө коюлган айыптарды моюнга алган жок. Акыркы сөзүндө Умида жарандык коом куруу үчүн сынчыл ой-пикир керектигин,мунун өзү демократиянын негизин түзөрүн айтканын Human Rights Wathтун Ташкендеги өкүлү Андреа Берг билдирди. Берг – процесске катышканга уруксат алган саналуу адамдардын бири болду. Сот имаратынын алдында жергиликтүү укук коргоочулар, журналисттер турушту, алар менен бирге АКШ, Британия,Германия элчиликтеринин өкүлдөрү да болушту. Ниязованы сот имаратына алып келишкенде алар “Умидалап” ураан чакырышты, анын жалгыз эместигин, колдогон санаалаштары менен иркектештери көп экенин айтышты.

Сот процесси жабык мүнөздө өттү. Жай жок дешти эле, бирок зал бош турду, орундуктарда коопсуздук, ички иштер органдарынын кызматкерлери гана отурушту, деп айтты сот алдында тургандардын бири. Соттун өкүмүн укук коргоочу активисттер жана көз карандысыз журналисттер корпусу бир ооздон бийликтердин жалгамалап жасаган иши деп аташты. Умида Ниязова саясий тапшырыктан улам ушундай адилетсиз жазага туш болду, деп айтты алардын бири.

Умида Ниязованы өзбек бийликтери быйыл январдын этегинде Кыргызстандан кайтып келгенде кармашкан. Коңшулаш өлкөгө ал Анжиан окуясына байланыштуу качкындар арасында журналисттик иликтөө жүргүзүү үчүн барган эле. Тергөө учурунда анын жыйнаган документтерин, компютерде сакталган кат-кабарларын бүт опуздап алышкан, виза эрежесин бузган, бийликтерди каралаган материалдарды чогулткан деп айыпташкан.

Соттун өкүмүн комментариялап, Human Rights Wath уюмунун жетекчилеринин бири Рейчел Дэнбер кашкайып көрүнүп турган саясий жүйөөдөгү айыптар менен Ниязованы камап, соттогону үчүн өзбек бийликтерин сынга алып, активистти токтоосуз бошотууга чакырды. “Умиданын соттолушу, ошондой эле ушу тапта дагы он төрт активисттин түрмөдө отурганы - өзбек өкмөтү өлкөдө жарандык коомду өнүктүргөндүн ордуна өз оппоненттеринин жаагын жап кылып, басмырлап баскысы келерин айкын көрсөтөт”, - деп айтты Human Rights Wathтун өкүлү Дэнбер.

ДОСЫМ САТПАЕВ: КАЗАКСТАН МЕНЕН КЫРГЫЗСТАН ЖАКЫНДА БИРИКПЕЙТ

Ушул аптада Казакстан менен Кыргызстандын ортосунда Бишкекте кол коюлган жаңы макулдашуулар Москвалык гезиттерде чоң окуя катары сыпатталып, Борбор Азияда жаңы Биримдик түзүлүүдө деген кабарлар жарык көрдү. Аларда жазылгандай, Казакстан Кыргызстандагы таасирин күчөтүп, коңшу өлкөнү акырындап кошуп алгысы келеби? Кабарчыбыз Венера Сагындык кызы ушул маселелердин тегерегинде Алматылык саясат таануучу, Борбор Азия боюнча эксперт Досым Сатпаевди кепке тарткан.

Венера Сагындык кызы: - Москвалык алдыңкы гезиттер “Борбор Азияда жаңы Союз түзүлдү. Казакстан көптөн бери айтып келаткан региондогу супердержава, лидер болуу дымагын четинен ишке ашырып, мына Кыргызстанды өзүнө кошуп алуу аракетин баштады” деп жазып чыгышты. Казакстанда да Назарбаевдин Бишкектеги сапары ушундай комментарийлер жараттыбы?

Досым Сатпаев: - Орусиялык маалымат каражаттары албетте, бир аз көбүртүп-жабыртып жиберишти. Казакстан менен Кыргызстан Бирикме түзгөн жери жок. Эки мамлекет ортосунда Жогорку Кеңеш, тышкы иштер министрлеринин Кеңешин түзүү тууралуу чечимдер кабыл алынды. Бул келишимдер эки өлкө ортосундагы соода-экономикалык жана башка байланыштарды өрчүтүү максатын көздөйт. Орусия менен Беларус баштап, ишке ашпай калган Союз Борбор Азияда пайда болду деп айтуу туура эмес. Кыргызстанда Казакстандын олуттуу экономикалык инвестициясы бар. Назарбаевдин сапары Кыргызстанда саясий олку-солку окуялар болуп жаткан чакта ошол казак инвесторлорунун кызыкчылыгын коргоого багытталган. Кыргызстан менен Казакстандын биригүүсү дегеле мүмкүн эмес, анткени атүгүл казак бизнесинин активдүү иштешин да кыргыз саясатчыларынын көбү колдобойт.

ВС: - Анда Нурсултан Назарбаев Бишкекке президент Курманбек Бакиевге, анын саясатына колдоо билдириш үчүн барды десек болобу?

ДС: - Сөзсүз, бул визит эң ириде Казакстан үчүн эмес, Кыргызстандын президенти Бакиев үчүн абдан маанилүү. Назарбаев өңдүү постсоветтик аймакта авторитеттүү жетекчинин Кыргызстанга барышы – президент Бакиев Кыргызстандагы кырдаалды жетиштүү көзөмөлдөп жатат, ага коңшулар тарабынан ишенич бар дегенди түшүндүрөт. Бул – Кыргызстандагы саясий оппозиция, дегеле кыргыз коомчулугу үчүн Курманбек Бакиев башка өлкөлөрдөгү саясий лидерлердин колдоосуна ээ деген белги.

ВС: - Бирок, экинчи жагынан Бакиев коңшулаш Борбор Азия өлкөлөрүнүн лидерлерине ыктаган сайын ал эми чечкиндүү реформатор боло албайт деген пикирлер да көбөйүп атпайбы.

ДС: - Маселе Бакиевде эмес, маселе анын профессионалдуу башкаруучулар командасынын жоктугунда. Кыргызстанда дымагы чоң саясатчылар көп, бирок профессионалдуу башкаруучулар аз. Саясий күрөштөрдөн чарчаган кыргыз экономикасына ушу тапта профессинал менеджерлер – башкаруучулар абдан жетпей турган чак.

ВС: - Кандай деп ойлойсуз, Кыргызстан келечекте да Борбор Азиядагы эң демократиялуу өлкө болуп кала береби, же багытын өзгөртүшү мүмкүнбү?

ДС: - Менимче, улам бир саясий чыр-чатактар болуп келатканы менен, Кыргызстан Борбор Азиядагы башка өлкөлөрдөн демократия жагынан аябай эле алдыга кетти. Кыргызстан башка коңшулаш өлкөлөр өтө элек саясий баскычтарды артта калтырды, калкынын саясий маданияты жогору. Убагында Аскар Акаев да коңшулаш өлкөлөрдүн лидерлерин туурап, президенттик бийликти күчөтөм деп отуруп, өзү түзгөн демократиялык институттарга чалынып чалкасынан түшпөдүбү. Курманбек Бакиев да өлкөдөгү саясий анархиядан чыгуунун амалы деген шылтоо менен өз бийлигин бекемдөөгө азгырылышы мүмкүн. Бирок, менимче ал Кыргызстанда авторитардык бийлик орното алгыдай күчтүү саясатчы эмес.

ВС: - Маегиңиз үчүн ырахмат!

ТАЖИК ӨКМӨТҮ ДИНИЙ ЭКСТРЕМИЗМГЕ КАРШЫ КҮРӨШҮҮДӨ

Нарын АЙЫП, Прага Акыркы мезгилде тажик өкмөтү диний экстремизмге каршы күрөштү күчөттү. Апрелдин башында Өзбекстан исламдык кыймылынын Тажикстанда иштеген жетекчилеринин бири кармалса, акыркы күндөрдө жаш балдарды исламга үйрөткөн жашыруун мектептер таап-жабылды.

Тажикстандын ички иштер министрлиги 23- жана 24-апрелде Душанбе шаарынын ар башка жерлеринде атайын операцияларды ишке ашырып, бир нече жашыруун мектепти таап, алардын жетекчилерин кармады. Ал мектептерде жаш балдар араб тилин жана исламдын баштапкы принциптерин үйрөнгөн, бирок алар жашыруун үйлөрдө уюштурулган жана алардын мектептик шарттары да болгон эмес.

Шаардын Сино аймагынын ички иштер бөлүмүнүн башчысы Шамсулло Махмудовдун айтымында, мугалимдер ал мектептерде балдырды уруп-сабап да кыйнаган: "Жаббор Расулов көчөсүндөгү үйдө биз бир нече өтө жаш бала жабык ашык артында окутулуп жатканын таптык. Үйгө кирсеңиз, имарат өтө начар абалда. Балдар ачка, аларга эч кандай шарт түзүлгөн эмес. Аты-жөнү белгисиз мугалим аларды кыйнап, сабап-урганы дагы көрүнүп турат", - дейт Махмудов.

Эксперттердин айтымында, ички иштер министрлигинин мындай аракеттери - мамлекет тарабынан акыркы мезгилде диний экстремизмге каршы көрүлүп жаткан катуу чаралардын бөлүгү. Мындан бир нече апта мурда өкмөт - мектептерде хижаб тагынууга тыюу салды. Билим берүү министри Абдужаббор Рахмоновдун айтымында, андай салтка уруксат берилсе, исламдык кыймылдарды колдогондор мектептерде өз тартиптерин орното баштайт.

Анткен менен кээ бир укук коргоочулар өкмөттүн мындай аракеттерин калктын укуктарын бузуу деп эсептейт, айрым карапайым адамдар болсо - жаш балдар кылмыштуу топторго кирип, же баңгиликке алдырып кеткенден көрө, диний адам болуп тарбияланганы жакшы. Бирок акыркы мезгилде диний уюмдар өз пропагандасын эл арасында өтө кеңейтүүдө жана мурдагыдай баракчаларды эмес, компакт-дисктерге жазылган маалыматтарды таратууга киришти:

"Андай дисктерди таратууга тыюу салынган. Аны менен канча жаш адам туура эмес жолго түшөт! Менин айрым тааныштарым аны угуп алып, кадимки фанатиктерге айланып кетишти!" - дейт Душанбе шаарынын Мухайо деген тургуну.

Тажикстанда диний идеяларга негизделген куралдуу оппозиция да бар. 1996-жылы түзүлгөн Өзбекстандын исламдык кыймылы дагы көптөгөн жыл бою Тажикстандын аймагында аракеттенген жана кийин гана баш кеңсесин Ооганстандагы Кандагар шаарына которгон. Былтыр 12-май күнү Кыргызстандын түштүгүндөгү чек ара түйүндөрүнө кол салгандар дагы ушул кыймылдын мүчөлөрү болгон деп айтылууда, 1999- жана 2000-жылдары болсо Кыймылдын жоокерлери Баткен дубанында кадимки согуш жүргүзгөн.

Үстүбүздөгү жылдын 11-апрелинде Тажикстандын Согд дубанында Кыймылдын жетекчилеринин бири Сафар Сафаров кармалгандыгы белгилүү болду. Дубандын ички иштер башкармалыгынын жетекчиси Абдурахим Каххаровдун айтымында, Сафаров 2004-жылы Согд дубанынын Матчин аймагындагы Өзбекстан исламдык кыймылынын жетекчиси болуп дайындалган, бул аймак Кыргызстан менен чек аралаш.

ӨЗБЕКСТАНДА ИНТЕРНЕТ КАМООЛГО АЛЫНДЫ

Өзбекстанда президенттик шайлоо жакындаган сайын калктын эркин маалымат алуу мүмкүндүгү чектеле баштады. Өлкөдө көз карандысыз гезит-журналдар, радиостанциялар менен телеканалдар таптакыр жок,ошондуктан бийликтер интернет чөйрөсүн ооздуктаганга өтүштү. Эл аралык көптөгөн вебсайттар ачылбай калды, алардын ордуна өкмөтчүл маанайдагы сайттар пайда болду.

Көз карандысыз маалымат булактарынын цензурасы Өзбекстанда Анжиан окуясынан кийин күчөгөн эле. Эми болсо интернеттен пайдалангандар эл аралык сайттарга кире албай калышты. Муну намангандык тургундардын бири тастыктады. Мисалы, “Азаттык” радиосунун вебсайтына киргенге болбойт, сайттын атын жазарың менен интернет жалп этип өчүп калат. Адам укуктары маселелерине арналган “Бирлик” же башка сайттарды ачыш андан бетер кыйын, атүгүл fergana.ru жана centrasia.ru сайттары да ачар замат сенейип катып калат.

Байкоочулар өзбек бийликтерин коңшулаш Кыргызстандагы окуялар айрыкча кооп санатып, ошол себептен регионалдык маалымат сайттарын катуу саксактап калышты дешет. Интернетти ачык койсо, вебсайттар өзбек калкын революцияга үгүттөгөн, же болбосо мамлекеттин саясатына, президенттин кадыр-баркына шек келтирген кабар- маалыматтарды таркатып жиберет деп чочулагандан улам бийликтер аларды камоолго алып жатканын Fergana.ru интернет агентствосунун региондогу редактору Алишер Соипов билдирди.

Париждеги “Чекарасыз кабарчылар” уюмунун өкүлү Жюлиан Пэйин мунун баарын жергиликтүү коопсуздук кызматынан көрөт. Өзбекстандын коопсуздук кызматтарын Пэйин интернетти көзөмөлдөгөнгө,бу чөйрөдө иштегендерге кысым жасаганга өтө активдүү тартылган, оппозициялык вебсайттарды да ошолор жапкан деп эсептейт.

Интернет Өзбекстанда өзгөчө деле өнүгө элек. Ырасмий маалыматтарда эле 27 миллиондой калктын бир жарым миллиондойу гана интернеттен пайдаланары айтылып жүрөт. Атүгүл кайсы бир ирет президент Ислам Каримов өзү интернетти жабуу идеясын жеткен кеңкелестин ою деп атаган эле. “Интернет деген чоң бир магазин сыяктуу нерсе, ага кирген киши өзүнө керектүүсүн сатып алат. Интернетти жаап салганга болбойт, эгер ким аны жаап саламын деп ойлосо, ал кызылдай акмак неме”, - деген эле Каримов.

Fergana.ru интернет агентствосунун башкы редактору Даниил Кислов өзбек бийликтери өкмөттүн саясий душманы санаган айрым вебсайттарды камалга алып эле тим калбастан алардын ордуна өздөрүнө ыңтайлуу жаңы сайттарды ачып жатканын белгиледи. Анын айтымында, өзбек бийликтери өздөрүн маалымат согушуна катышып жаткандай ойлошот. Бирок Кислов жалпы прогрессивдүү дүйнөгө өзбек бийликтери өздөрү маалымат “согушун” жарыялашты деп эсептейт.

Өзбекстанда интернет-кафе кармаган бизнесмендер кардалдардын көбү, айрыкча жаштар адатта саясий вебсайттарга анчейин деле кушун салышпай турганын айтышат. Кафеге келгендер негизинен оюн-шоокторго адистешкен вебсайттар менен алек болушат, тааныш-билиштери менен кат-кабар алышканга кызыгышат.

КАЗАКСТАН: ДАЙЫНСЫЗ ЖОГОЛГОН ЖУРНАЛИСТТИ ИЗДӨӨ ИШТЕРИ УЛАНУУДА

Төрөкул Дооров, Москва Казакстандын түштүк чыгышындагы кандуу окуяларды иликтеп жүргөн журналист үч апта мурда Алматыдан чыгып кеткенден бери табыла элек. Оралгайша Омаржанованын кесиптешинин айтымында, журналисттин өмүрүнө коркунуч келтирилиши мүмкүн болгон билдирүүлөр айтылган.

Омаржанованы Казакстанда көпчүлүк «Жабагтайкызы» деген ысым менен тааныйт. Ал - Астана шаарындагы «Мыйзам жана Акыйкаттык» деп аталган орус-казак жумалык басылмасынын кабарчысы.

Омаржанова Маловодное жана Казатком айылдарында этникалык казактар жана чечендер ортосундагы жаңжалды чагылдыруу үчүн марттын этегинде Алматы облусуна барган. Бирок 30-марттан кийин дайынсыз жоголуп кетти.

Омаржанованын кесиптеши, журналист Мухит Искаков ушул аптанын шаршемби күнү, 18-апрелде, Алматыда маалымат жыйнынын өткөрүп, анда Оралгайша Омаржановага кимдир бирөөлөр коркутуп-үркүткөн билдирүүлөрдү жибергенин айтты:

- Оралгайша бир топ ирет ага бирөөлөр телефон чалып, коркутушканын мага айткан эле. Кийин ал лицензия менен Карагандада тапанча сатып алды да, аны Алматыда расмий түрдө каттоодон өткөрдү. Андан соң биз экөөбүз Алматыга келдик.

Омаржанова бильярд ойнолчу жердеги тоз-тополоң тууралуу макалаларды жаза баштаган экен. Эсиңиздерде болсо, ал жердеги чатактан беш адам өлгөн. Ошол макалаларында журналист бир чечен үй-бүлөсү тууралуу айтып, ал үй-бүлө уюшкан кылмыштуулук менен байланышы болушу мүмкүн экени тууралуу айткан. Андан сырткары, ошол үй-бүлө айрым жергиликтүү чиновниктер жана ишкерлер менен да мамилеси күч экени кыйытылат.

Журналист капыстан эле жоголуп кеткенден кийин, анын туугандары менен достору Омаржанованы издей башташты, бирок мындан майнап чыкпагандан кийин, башкалардан жардам сураганга туура келди. Ошондуктан, Казакстанда сөз эркиндигин үгүттөгөн «Адил сөз» уюму 17-апрелде гана Омаржанова дайынсыз жоголгону тууралуу билдирүү таратат. Адвокаттар жана укук коргоочулар өлкөнүн Ички иштер министрлигин, Улуттук коопсуздук Комитетин жана прокурорлорду жагдайга көзөмөлдү күчөтүп, журналистти кыдыруу иштерин күчөтүүгө чакырышты.

Казакстандын Ички штер министрлигинин расмий өкүлү Багдат Кожахметов буга жооп иретинде 18-апрелде «Азаттыктын» казак редакциясына журналистти издөө иштери башталганын айтты. Анткен менен азырынча ичти жылытаарлык маалымат алына элек.

- Азырынча эч кандай кабарыбыз жок. Полиция өз жумушун улантып жатат. Кандай өзгөрүү болсо, сөзсүз кабарлайбыз, - дейт Ички иштер министрлигинин өкүлү Кожахметов.

«Адил сөз» уюмунан билдиришкендей, Оралгайша Омаржанова - Казакстанда жоголуп кеткен алгачкы журналист.

ХЮМАН РАЙС УОТЧ УЮМУН ӨЗБЕКСТАНДА ИШИН ТОКТОТУУГА МАЖБУРЛАП ЖАТЫШАТ

Белгилүү эл аралык уюм – Хьюман Райтс Уотч өзбек бийлиги эми аларды да өлкө аймагындагы ишин токтотууга мажбурлап жатканын билдирүүдө. Уюмдун Нью-Йорктогу баш кеңсеси кечээ тараткан маалыматка караганда, алардын Ташкендеги кеңсесинин башчысына аккредитациясынын мөөнөтү узартылбай тургандыгы айтылган. 2005-жылкы Андижан окуяларынан бери өзбек бийликтери буга чейин эле укук коргоо жана кайрымдуулук боюнча эл аралык уюмдарынын бир нечесинин ишин токтоткон болчу. Ага катар түрмөгө түшкөн укук коргоочулар да бар.

2005-жылы майда Анжиянда болгон коогалаңдан берки өткөн 2 жыл аралыгында өзбек өкмөтү кеминде 15 укук коргоочуну камакка алган эле. Алардын бири укук коргоочу жана көз карандысыз журналист Умида Ниязованын үстүнөн сот иши 19-апрелде башталган жатат. Ниязовага “мыйзамсыз чек араны өткөн жана чет элдик өкмөттөрдүн каржылоосунда басылып чыгарылган, коомдук тартипти бузууга багытталган баракчаларды тараткан” деген кинелер тагылууда. Эгерде сот аны күнөөлүү деп тапса, ага он жыл берилет.

“Өзбекстанда башка бир нече укук коргоочулар сыяктуу эле Умида Ниязова өлкөдөгү түптөлүп калган система менен күрөшкөндүгү үчүн абакта отурат. Бийлик анын ишин токтотуу менен башкаларды коркутууга далалат жасоодо”,- деп билдирди Хьюман Райтс Уочтун Борбордук Азия жана Европадагы жетекчиси Холли Картнер.

Ал эми кыргызстандык укук коргоочу Азиза Абдрасулова Ниязованын үстүнөн баштала турган сот иши акыйкатсыз өтөт деген пикирде:

"Умида Ниязованы мен түздөн-түз тааныйм. Өкүнүчтүүсү, Умида Ниязова Өзбекстанда аны эмне күтуп тураарын билип туруп, качып кетсе дагы ал өлкөгө кайра барган. Анын компьютеринде сакталган документтердин арасында Өзбекстанда адам укуктарынын абалы жана эл аралык уюмдардын Өзбекстан боюнча жазылган отчеттору сакталган экен. Мына ошону тыйуу салынган документ катары карап жатат. Өзбек бийлиги жакшы кадамга барып, Ниязованы бошотуп коет деп мен ишене албайм. Катаал бир чечим кабыл алынып кетиши мүмкүн."

13-апрелде Өзбекстандын Юстиция министрлиги “Хьюман Райтс Уотч” уюмунун Ташкенттеги кеңсесин каттоодон өткөн эмес жана ишинде белгиленген чектен чыгып кеткен деген негиз менен ишмердүүлүгүн токтоткон. “Кеңсе жабылган жок, бирок уюмдун кызматкерлери каттоодон өтпөгөндүгү үчүн юридикалык эч бир ишти жасай албайт” деп айтылат министрлик тараткан билдирүүдө. Ал эми өлкөнүн Тышкы иштер министрлиги уюмдун кызматкерлеринин виза мөөнөтүн узартуудан баш тарткан. Андыктан эми кеңседе бир гана кызматкер иштей алат. Уюмдун жетекчиси Адреа Бергдин айтымында, виза мөөнөтү ушул жылы 7-апрелде бүткөн. Бирок министрлик аны узартуудан баш тартып жатат:

“Хьюман Райтс Уотч” уюму жабылган жок. Бирок мага 13-апрелде Юстиция министрлиги аккредитациялык мөөнөтүмдү узартпай койду. Мен бул жерде чет элдик жалгыз укук коргоочумун. Эми биз менин ордума башка кызматкерди табышыбыз керек. Бул абдан көп убакытты талап кылат жана биздин ишибиз аксайт. Эми биз албетте эл аралык коомчулукка кайрылып, жардам сурайбыз.

Ал эми уюмдун Борбордук Азия жана Европадагы жетекчиси Холли Картнер “Хьюман Райтс Уотч” уюму Өзбекстандагы акыркы эл аралык уюмдардын бири болчу. Эми өзбек өкмөтү биздин үнүбүздү өчүрүүгө умтулуп жатат. Бирок биз бул өлкөдө калууга жана эр жүрөк өзбек укук коргоочуларын колдоого ынтызарбыз” деди.

2005-жылы ноябрда Анжияндагы окуяны көз карандысыз иликтөөгө макулдук бербегендиги үчүн Евробиримдик Өзбекстанга каршы санкцияларды киргизген эле. Бир жылдан кийин Өзбекстандагы кырдаал өзгөрбөсө дагы, Евробиримдик киргизилген санкциялардын бир катарын алып таштаган. Эми ушул жылдын 14-майында Евробиримдиктин мүчөлөрү виза жана курал-жарак сатууга киргизилген санкцияларды кайрадан карап чыкмак.

Өзбек өкмөтү жакында эле Анжияндагы окуяны териштирүүгө жана адам укугу боюнча сүйлөшүүлөргө даяр экендигин билдирген. Евробиримдик бул кадамдарды “алга карай жылыш” деп баалаган. Евробиримдиктин айрым өкүлдөрү, анын ичинде Испаниянын Тышкы иштер министри Мигель Анхель Моратинос Өзбекстанган киргизилген санкциялар алынып ташталат деп айткан.

Бирок “Хьюман Райтс Уотч” уюмунун Борбордук Азия жана Европадагы жетекчиси Холли Картнер өзбек өкмөтүнө ишенбейт:

“Евробиримдик Өзбекстанда адам укугу жаатында жакшы жака өзгөрүүлөр болот деп күтүп жатат. Бирок өзбек өкмөтү тескерисинче биздин уюмду жабууга кам урууда. Бул алга жылышты билдирбейт. Бул Өзбекстандагы жашоо шарттын начардыгына боору ооруп, киргизилген санкцияларды алып таштоого бел байлап калган Евробиримдиктин саясатынын натыйжасы”,- дейт Картнер.

Ал эми укук коргоочу Азиза Абдрасулова “Хьюман Райтс Уотч” уюму жабылса, аны менен акыркы үмүт өчөт деген пикирде:

"Өзбекстан деген бул авторитардык режим. Ал жерде акыркы жылдары демократиянын эч кандай бир жыты дагы калбай калды да. “Хьюман Райтс Уотчко” чейин Өзбекстандагы бир топ уюмдар, ошолордун ичинен “Фридом Хаус” уюму жабылып, өлкөдөн чыгып кетүүгө мажбур болду. Мен өтө өкүнүчтүүлүк менен кабыл алам уюмдун жабылып жатышын. Бул уюм Өзбекстандагы адам укуктарынын кичине болсо дагы коопсуздугун карай турган, жок дегенде мониторинг жасап тура турган, чындыкты башкаларга айта ала турган акыркы уюм болчу. Бул уюмдун жабылып жатышы мени абдан өкүндүрөт".

Зейнеп Мартбек кызы, Бишкек

КАСПИЙДЕ ЖАШ ТЮЛЕНДЕР КЫРЫЛУУДА

Cоңку эки жумада Каспий деңизи өзүнүн Казакстан жак жээгине жүздөгөн тюлендердин өлүгүн сүрүп чыкты. Ансыз да саны азайып бараткан тюлендердин өлүмүнө эмне себеп болгону азырынча беймаалым. Ал эми Казак бийликтери тюлендердин өлүмүн жаздын эрте келүүсү менен түшүндүрүүдө. Адистердин эсебинче, жүз жыл мурда Каспийде 1 миллион тюлень болсо, азыр алардын саны 100 миңдин тегерегинде болот. Же тюлендердин саны 1980- жылдарга салыштырганда төрт эсеге азайган.

азак бийликтеринин маалымдашынча, өлгөн тюлендердин саны 450 гө жакындап калды. Алардын 400гө жакыны жаш тюлендер. Табият коргоо министрлиги тюлендердин өлүмүн Каспийдин Түндүк Чыгышында аба ырайы жылуу болгондуктан, муз тез ээрип кетип, жаш тюлендердин муз астында күч- кубат алуусуна мүмкүндүк бербей, кырылышына себеп болду деп түшүндүрдү.

Бирок, Казакстандын Табигат партиясынын башчысы Мелс Элүсизов тюлендердин өлүмү үчүн мунай өндүрүүчү ишканаларды күнөөлөдү:

-Бул жерлер табигый корук болуш керек эле. Бирок, азыр баары мунай компанияларынын кол алдында жана алар эмне каалашса, ошону жасашуда. Аларды мунайды жана кирешени көп алгандан башка эч нерсе ойлонтпойт.

Ырасында эле, 1990- жылдардын башында мунай өндүрүү кеңири башталганга чейин Каспийдин Казакстанга таандык бөлүгү табигый корук эсептелчү. Энергия министринин мунай өнөр жай башкармалыгынын жетекчиси Амантай Суэсинов тюлендер кара май казып алуудан өлдү дегенге кошулбады:

-Элдин баары мунай компанияларын күнөөлөөдө. Мен аларды күнөөсүз деп айта албайм. Бирок, бизге тийиштүү далил керек. Тюлендер мунай бургулоонун кесепетинен өлгөнүн эч ким далидей элек.

Британиялык илимпоз Симон Гудмэндин сөзүнчө да, мунай өндүрүү тюлендердин уруктап өсүүсүнө залака кылганын тастыктаган далилдер жок. Анткен менен, профессордун айтышынча, Каспий деңизинде вирустук эпидемиядан жылына 10 миңден ашуун тюлень өлөт:

-Иттердин чумасынын вирусу- иттер жана башка жырткыч айбанаттар ооручу илдет болду. Бул вирус маал- маал деңиз жанжыктарына да жугуп турат.

Ошол эле учурда профессор Гудмэн зыяндуу заттар тюлендердин денесинде чогулуп, алардын иммундик системасын алсыратканын жана алардын арасындагы өлүм- житимди көбөйткөнүн белгиледи. Азыр химиялык таштандылар катуу көзөмөлгө алынган. Ошондуктан, тюлендер совет доорунан калган химиялык таштандылардын кесепетин зыян тартууда. Себеби, өндүрүштүк таштандылар узакта барып жоголот.

АРАЛ ДЕҢИЗИН КАЛЫБЫНА КЕЛТИРҮҮ БОЮНЧА ЖЫЛЫШТАР

Казакстандын өкмөтү Дүйнөлүк Банкка Арал деңизин сактап калуу аракеттеринин экинчи баскычына жаңы карыз сурап кайрылды. 40 жылдай соолуп келген деңиз соңку 2-3 жылда кайра толо баштаганы маалым. Адистердин болжолунда Аралдын түндүк бөлүгү 40 пайызга калыбына келди. Бирок Өзбекстанга караган түштүк бөлүгү мурдагыдай эле бөксөрүп жатат.

Жаман айтпай жакшы жок дегендей, 2020-жылга чейин Арал суусу жок болуп кетет деген божомолдор болгон эле. Бирок ар тараптуу аракеттердин натыйжасында суу тескерисинче көтөрүлө баштады.
Дүйнөлүк Банктын Арал долбоорунун жетекчиси Йооп Соутйесдайктын айтымында, банк учурда башка деңиз, океандар менен байланышы болбогон Аралды сактап калуунун экинчи баскычына акча бөлүүнү караштырып жатат. Казакстан менен Өзбекстандын ортосундагы деңиз азайып отуруп, төрттөн бири эле калган болчу. Бирок учурда Борбор Азияга келген Стоутйесдайктын айтымында, акырындап, деңизге кайра жан кирип жатат:

Эгер эртең деңизге барып, балыкчылардан сурасаңыз, мындан 2-3 жылдагыдан таптакыр бөлөк таасир аласыз. Ал кезде суу тайыз, кургакчылык күчөп, саламаттык көйгөчйлөрү бар болчу.

Арал деңизи дүйнөдөгү эң ири ички деңиздердин төртүнчүсү болчу. 1960-жылдарда советтик пландоочулар ага агып кирген Аму-дайра менен Сыр-дайраны пахта плантацияларына бөлдүрүп кетип турушкан. Натыйжада Өзбекстан дүйнөдөгү эң ири пахта өндүрүүчүгө айланган. Бирок айыл-чарбасындагы бул ийгиликтин кесепетинде деңиз соолуп, балык кармоо тармагынын таш-талканы чыкты, аймакта климат өзгөрө баштады. Абада химиялык заттар көбөйүп, эл арасында рак, аз кандуулук, аллергия сыяктуу оорулар таркады, натыйжада калктын жашоо узактыгы 64 жылдан 51 жылга түшүп кетти.

Арал кризиси 20-кылымда адам тарабынан жасалган дүйнөдөгү эң ири экологиялык катастрофа катары тарыхка кирди. Суунун деңгээли ушунча түшүп кеткендиктен, деңиз экиге бөлүнүп калды.
Акыркы 15 жылда тез соолуп бараткан деңизди сактап калуу жаатында бир катар аракеттер көрүлүп, 100 миллиондогон доллар сарпталды. Борбор Азиялык ар бир өлкө жылдык бюджетинин бир пайызын ушул максатка бөлүп келатат. Дүйнөлүк жана Азиялык банктар негизги сүрөөнчүлөр болуп саналат.

Калыбына келтирүү аракетинин бир бөлүгү катары Түндүк Аралда 13 чакырым келген тосмо курулган эле. Коңшу мамлекеттерге сууну буруп кетүүнү азайтууга кеңеш берилген. Азыр эми Дүйнөлүк Банктын жана казак өкмөтүнүн өкүлдөрү деңизди калыбына келтирүүгө мүмкүнчүлүк бар деп айтып жатышат. Ошол эле убакта, эң оптимисттик божомолдор боюнча да, Арал эч качан толугу менен калыбына келбейт. Ал эми Өзбекстандын аймагындагы чоңураак келген Түштүк Аралда суу мурдагыдай эле тайыздап барат.

Жаныл Жусубжан, Прага

ТЫҢЧЫНЫН БЕТИН АЧУУ МАСКӨӨ МЕНЕН ТАШКЕНДИН АЛАКАСЫНА ДОО КЕТИРБЕЙТ

Өзүбекстанда Жогорку соттун аскерий коллегиясы үстүдөгү жылдын февраль айында Орусиянын пайдасына тыңчылык кылды деп 20 жылга кесилген Санжар Исмаиловдун доо арызын караган эле. Ал өлкөнүн аскерий чалгындоо кызматынын мурдагы жетекчиси болуп туруп кесилген жана анын үстүнөн чыгарылган сот өкүмү мурдагы боюнча күчүндө калтырылды. Анализчилер баамында мурдагы чалгынчы Анжиян коогалаңы чыккандан кийин Улуттук коопсуздук кызматы баштаган «тазалоо» кампаниянын курмандыгы болгон.

Башкы чалгындоо башкармасынын жетекчилеринин бири Санжар Исмаилов 2005-жылы 29-июнда Улуттук коопсуздук кызматы тараптан кармалган. Ага мамлекеттик сырды Орусияга берип жиберди деген кине коюлган.

Ар кайсы булактар жазганга караганда Өзүбекстандын атайын кызматындагылар 2002-жылы агуст айында колго түшүрүп алышкан ооганстандык радиограмманы жандырып окуп берүү өтүнүчү менен орусиялык Чалгындоо кызматынын башкы жетекчиси Валентин Корабельниковго колго түшүрүлгөн радиограмманы берген.

Ошол кийин, так айтканда, 2005-жылы май айынын ортосунда Анжиян козголоңу чыккандан кийин подполковниктин кетирген күнөөсү болуп чыккан. Анализчилер ошондон тарта өлкөнүн күч органдарынын ортосунда тымызын кармашуу пайда болгонун айтышат. Ошол маанай астында кармалган Исмаилов акыры Маскөөнүн пайдасына тыңчылык кылып өз өлкөсүнө чыккынчылык кылган деген кине менен 20 жылга кесилген.

Исмаиловдун бөйдө жерден абакка кетишин Өзүбекстанда мамлекеттик кызматта иштегендердин каримовдук режим астында кандай абалда экенин билдирип турат дешет. Алар абдан олуттуу кылмыш жасады айыбы менен кармалганда да аларды талдай келгенде киши анча ишене бергис негиз чыгарын айтышат. Мындай ойду орусиялык адам укугун коргоочу «Мемориал» борборунун жетекчиси Виталий Пономарев айтат:

«Бул иш - глобаладуу процесстин биртке эле бөлүгү. Анжиян козголоңунан кийин өлкөнүн Улуттук коопсуздук кызматы Коргоо министрлигинин үстүнөн жүргүзгөн «тазалоосу». Ал азыртан эле башталып калган Каримовдун ордун ээлөө үчүн курч күрөштү билдирет», - дейт анализчи.

Карай келгенде Өзүбекстанда Анжиян козголоңунан кийин Улуттук коопсуздук кызматы жүргүзгөн «тазалоодон» кысым тарткан офицерлер жангыз эле Исмаилов эмес экени дайын болот.
Маселен, 2006-жылы июнда подполковник Эркин Мусаев да НАТО өлкөлөрүнүн атайын кызматтарына мамлекеттик жашырын сырды ачты деп 15 жылга кесилиптир.

Мурунку жылы да мурдагы коргоо министри Кадыр Гулямов кесилип анын айыбы да чет элдиктерге жашырын маалымат берген болгон экен. Мурдагы коргоо министрине орун басар генерал Алишер Исламов жана башкалар да ушундай кине менен кесилишиптир.

Муса Мураталиев, Москва калаасы

ТҮРКМӨН ОППОЗИЦИЯ ЛИДЕРИ АВДЫ КУЛИЕВ БОЗГУНЧУЛУКТА ЖҮРҮП ДҮЙНӨДӨН КАЙТТЫ

Түркмөн оппозициясынын лидерлеринин бири, мурдагы түркмөн тышкы иштер министри, “Азаттыктын” Түркмөн кызматынын мурдагы кызматкери, 71 жаштагы Авды Кулиев бүгүн эртең менен Норвегиянын ордо шаары Ослодо дүйнөдөн кайтты. Көз жумаарынан эки күн мурда анын ашказанына операция жасалган эле. Эгемен Түркмөнстандын туңгуч тышкы иштер министри болгон Авды Кулиев өлкөнүн авторитардык режимине каршы ачык күрөшкө чыккан жана Бирдиктүү Түркмөн оппозициясын жетектеп келген.

Авды Кулиев – түркмөн улутунун ар-намысы жана сыймыгы болгон интеллектуалдарынын жана мамлекеттик ишмерлеринин бири эле. Түркмөн оппозициясынын “Эркин Түркмөнстан” интернет сайты шейшембиде маркумду эскерген макала жарыялап, ал Түркмөнстандын эркиндиги үчүн күрөшкө өз өмүрүн арнаганын, атажуртунун жана элинин чыныгы уулу болгонун баса белгиледи.

10-апрелге караган таңда жүрөгү согуудан калган бул саясий ишмер Түркмөнстандын Бирдиктүү оппозициясынын лидери катары гана эмес, дипломат, публицист жана “Азаттыктын” ардагери катары да түбөлүккө эсте калмакчы.

Эгемендиктин алгачкы жылдары Авды Кулиев өлкөнүн тышкы иштер министри кызматын аркалады.

Бирок 1992-жылы ал Түркмөнстандын саясий багыты маселесинде Президент Сапармурат Ниязов менен пикири келишпей калган соң, өз кызматынан чегинген.

Эгемен Түркмөнстандын тарыхында расмий саясат менен келишпестен, өз ыктыяры менен кызматтан кеткен көзгө басар саясатчы – Авды Кулиев болчу.

Өлкөдө расмий каттоого алынбаган оппозициялык “Агзыбирлик” (башкача айтканда, “Ынтымак”) партиясынын лидери, ушул тапта да өлкө ичинде өз ишин жүргүзүүгө аракет кылып жаткан коомдук ишмер Нурберди Нурмамедов бүгүн “Азаттыктын” Түркмөн кызматына берген маегинде маркумду төмөнкүчө эскерди:

- Ал таптакыр башка жолду, оппозиция жолун тандап алды. Ал Маскөөгө кетип, анда Түркмөнстан корун негиздеди жана өзүн Түркмөнстандын болочогуна арнады. Ал жасаган иш ар кимдин эле колунан келе койчу иш эмес эле.

Авды Кулиев 1990-жылдардын экинчи жарымында “Азаттыктын” Түркмөн кызматында да иштеп калды, бирок кийинчерээк толугу менен оппозициялык иш-аракеттерди жетектөө максатын көздөп, бул кызматтан кеткен.

1998-жылы 17-апрелде Авды Кулиев Ашгабатка кайтып келет, бирок аба майданынан дароо кармалат. Эл аралык коомчулуктан чочулаган расмий Ашгабат аны кайра Орусияга кайтарган.

Авды Кулиевдин атуулдук ишмердүүлүгү башка да нечендеген мурдагы расмий кызматкерлерди демократиялык күрөшкө шыктанткан. Алардын бир катары чет өлкөгө бозгунга кетип, оппозициянын катарына кошула беришкен.

2002-жылы бозгундагы бир катар оппозициячыл топтор Бирдиктүү Түркмөн оппозициясын негиздешкен жана Авды Кулиев анын жетекчиси болуп калган.

Маркумдун соңку каалоосу – сөөгүн атажуртуна жеткирүү тилеги болду.

Анын жубайы Татяна Кулиева бул керээз тууралуу “Азаттыкка” мындай дейт:

- Маркумдун “сөөгүм киндик каным тамган жерге, Түркмөнстанга коюлсун” деген керээзин аткаруу үчүн мен Түркмөнстандын өкмөтүнө кайрылам.

Азырынча түркмөн оппозициясынын өлкөдө демократиялык кайра курууларды жүргүзүү үмүтү орундала элек. Бирок Авды Кулиев бул үмүттү жүзөгө ашыруу үчүн бар күчүн арнап келгенин анын мекендеши Нурмамедов белгилейт.

ЕВРОБИРИМДИК ДЕЛЕГАЦИЯСЫ ТАШКЕНДИН ТАМЫРЫН ТАРТКАНЫ КЕЛДИБИ?

Евробримдиктин делегациясы 2-3- апрель күндөрү Ташкенде болду. Делегациянын курамына маанилүү үчилтик же биримдиктин учурдагы төрагасы Германиянын, Еврокомиссиянын жана Министрлер кеңешинин секретариатынын өкүлдөрү кирет. Алар Өзбек жетекчилиги менен өткөрчү сүйлөшүүлөрдө Анжиян калабасынан кийинки адам укугун абалы жөнүндө да кеп козголо турганы маалымдалган эле. Бирок, сүйлөшүүлөрдүн мазмуну жөнүндө Евробиримдик жана Өзбек тарап эч кандай маалымат берген жок.

Евробримдиктин делегациясы Ташкенде өткөргөн сүйлөшүүлөрдүн негизинде ЕБнын келерки айда болчу жыйыны Өзбекстанга каршы санкцияны улантуу, же токтотуу, же дагы күчөтүү боюнча чечим кабыл алат. Санкция 2005- жылкы Анжияндагы кандуу булоондон кийин киргизилген.

Коноктор дүйшөмбү, шейшемби күндөрү Тышкы иштер министрлиги, Адилет министрлиги жана Башкы прокурорлуктун жетекчилиги, ошондой эле абактагы айрым укук коргоочулар жана алардын адвокаттары менен жолугушту. Жабык эшик артында өткөн бул сүйлөшүүлөрдө эмне маселе талкууланды, ал жөнүндө тараптар маалымат берише элек.

Бирок, Өзбекстандын Тышкы иштер министри Владимир Норов ЕБнын өкүлдөрү менен өткөн жумда Астанада болгон кездешүүдө өзбек өкмөтү “эч кимге түшүндңрмө бербесин”, “окуучу – окутуучу” болгон жагдайга чыдабасын билдирип, Борбор Азия өлкөрүнүн ички иштерине кийлигишпөөгө чакырган:

-Биздин көз карашыбызча, өз ара мамилени тең укуктуулуктун негизинде, бири бирибизди урматтоо менен, ички иштерге кийлигишпестен, прагматизмге таянып, тараптардын кызыкчылыгын эске алып, эч кандай идеологиясы жок түзүү абдан маанилүү.

ЕБнын Борбор Азиядагы чабарманы Пьер Морел “Азаттык” радиосуна берген интервьюда Норовдун сөзүнө токтолуп, береги сындуу көз караштар буга чейинки эки жактуу кездешүүлөрдө айтылып жүргөнүн белгилей кетти:

-Ал Өзбекстандын мурдатан белгилүү пикирин билдирди. Аны мен атайылап катуу айтылды дебеймин. Биз буга окшош пикирлер менен мурда да алмашканбыз, ноябрда өткөн Евробиримдик- Өзбекстан кызматташуу кеңешинде да андай пикирлер айтылган.

Морел мырза Норовдун Астанадагы жыйынга катышканын оң көрүнүш катары баалап, аны менен түрдүү проблемалар талкууланганын да айтты:

-Ал келбей коюшу же өзүнүн ордуна кимдир бирөөнү жөнөтүп коюшу ыктымал эле. Бирок, (Астанага) өзү келди. Биз бардык суроолорду талкууладык, проблемаларды алардын эсине салдык жана бул суроолор аны менен да талкуулады. Ал ошентип жараянга толук катышты.

Евробримдик үчүн Борбор Азия өзүнүн мунай жана табигый газы менен маанилүү. Брюссель ошон үчүн регион менен кызматташуунун узак мөөнөттүк стратегиясын даярдоодо. Мындай шартта, кээ бир талдоочулар- ЕБ мунай- газ коопсуздугун камсыздоо үчүн адам укугун маселесине көз жумуп коюшу ыктымал деп коопонушат.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG