Линктер

жума, 19-июль, 2019 Бишкек убактысы 05:51

Борбор Азия

ТҮРКМӨНСТАНДА НИЯЗОВДУН ТУУЛГАН КҮНҮ ЭМИ МАЙРАМ ЭМЕС

Элен Куленбекова, Прага. Түркмөн президенти Гурбангулы Бердимухамедов жакында эле эмгек кодексине өзгөртүүлөр киргизип, өлкөдө майрам күндөрдү белгилөөнү бекитти. Жаңы мыйзамга боюнча 19-февраль Түркмөнстанда мурунку президент (Түркмөнбашы) Сапармурат Ниязовдун туулган күнү эмес, мамлекеттик желектин күнү катары эле майрамдалып калмай болду. Өлкө башчысынын бул кадамы коомчулукта эми Түркмөнстанда жакшы нукка карата реформалар уланабы деген үмүттү жаратты. Бирок серепчилер пикиринде Бердимухаммедовдун бул аракеттери тек кана өзүнүн имиджи үчүн жасалып жаткан кадамдай.

19-февраль Сапармурат Ниязовдун туулган күнү болуп, аны көзү барында Түркмөнстанда өзгөчө майрамдалаар эле. Мурунку өлкө башчысынын туулган күнү мамлекеттик желектин күнүнө кош келип, Түркмөнстанда аны майрамдоо шааниси күч болчу. Айталы, атайы аскерий параддар өткөрүлчү. Кымбат белек-бечкектер тартууланып, Түркмөнбашынын урматына ашкере мактоолор айтылчу.

Ал тургай Ниязовдун кайсы бир туулган күнүндө министрлеринин бирөө аны пайгамбарга да теңегени бар.

Өткөн жумада өлкөнүн азыркы президенти Бердимухаммедов Эмгек кодексине бир катар өзгөртүүлөр киргизди. Ага ылайык Түркмөнстанда майрамдарды белгилөө жадыбалы бекитилип, эми 19-февраль Түркмөнбашынын туулган күнү деп белгиленбей турган болду.

Президенттин бул кадамы Түркмөнстанда реформалар мындан ары да жакшы нукка уланабы деген үмүттү жаратты. Бирок Бердимухаммедовдун азыркы кадамдары чындап өзгөрүүлөргө алып келеби же тек кана өзүнүн имиджи үчүн жасалып аткан аракетпи, кесе айтуу кыйын.

«Азырынча биз өкмөттө радикалдуу өзгөрүүлөрдү байкай элекпиз», дейт Ачык коом институнун өкүлү Эрика Дейли Нью-Йорк Таймс басылмасына берген интервьюсунда. «Жакынкы келечекте андай болот дей турган ишаара да жок» деп кошумчалайт ал. Анын пикиринде, Бердимухаммедов жасап жаткан реформалар эл көзүнө көрүнөйүн дегендей эле аргага жатат.

Анткен менен 20-январда азыркы түркмөн президенти маркум Сапармурат Ниязовдун 2001-жылы опера жана циркке койгон чектөөсүн алып салды.

Анын Каспий деңизинин жээгинде туристтик курорт жайларын салуу ниети бар экендиги тууралуу да сөздөр жүрүүдө. Мындан тышкары Сапармурат Ниязовдун сүрөттөрү Түркмөнстандын коомдук жерлеринде азайып бараткандыгы айтылууда.

Бирок ошол эле убакта Түркмөнбашынын сүрөттөрү эми Бердимухаммедовдуку менен алмаша баштаганы да байкалат.

Мурдагы Саламаттыкты сактоо министри Гурбангулы Бердимухаммедов 2006-жылы декабрда Түркмөнбашы капысынан каза тапкандан соң бийлик башына келген. Ал убакка Түркмөнстан Ниязовдун эстелигиндей болчу абалга жетип калган.

Айталы, Түркмөнбашынын түспөлү бардык жерде түшүрүлүп, аны акча, жарнама текчелеринде байма-бай көрүүгө мүмкүн эле. Ниязовдун Рухнамаасы мектептерде окутулуп, ал тургай анын ысмы календардагы январь айын алмаштырган болчу.

Түркмөндөрдүн азыркы өлкө башчысы да авторитардык ыкма менен өлкө башкарып жатса да, билим берүү системасын жаңылоо, Интернет мейкиндигинде чектөөлөрдү жеңилдетүү аракеттерин жасап, адам укуктарын коргоого чакырууда. Ошондой эле анын чет элдик инвестицияларды тартуу боюнча ийгиликтери көз жаздымда калбай эле.

«Бердимухаммедов өзгөрүүлөрдү алып келүүгө ниеттүү экенин билдиргени менен анын башкаруу ыкмасы дагы эле деспоттук тейинде калууда» - дейт Борбор Азия боюнча серепчи Аркадий Дубнов.

Серепчинин пикиринде түркмөн президенти өз өлкөсүн базар экономикасына өткөрүүнү каалаган менен, анын негизин анча түшүнбөй жатат.

ӨЗБЕКСТАНДЫК БИЙЧИ КЫЗДЫН ЛОНДОНДОГУ ЧЫГАРМАЧЫЛЫГЫ

Британиянын Өзбекстандагы мурдагы элчисинин кийинки жары өз башынан өткөргөн окуяларды Лондон сахнасына алып чыкты. Надира Алиеванын автордук спектаклинде анын маң заттарына берилген атасы, ажынын зордуктоосу, Ташкендин түнкү клубунда стриптиз бийин бийлеген кези, элчи Крейг Мюррейге жолукканы жана кийин Лондонго көчүп келгени чагылдырылат. «Азаттыкка» берген маегинде Алиева бул спектакл менен өзү тууралуу түшүнүктү өзгөрткүсү келгендигин бышыктады.

Надира Алиева Өзбекстандын Жизак шаарында, артисттердин үй-бүлөсүндө туулган.

Быйыл 8-январда Лондондун Аркола театрында башталган жалгыз өзү ойногон спектаклде 26 жаштагы Надира көбү Өзбекстан өз алдынчалык алган мезгилге туура келген жашоосун баяндайт:

-Бул менин өзүм тууралуу спектакль, Англияга кантип келгеним, элчи менен жашоом, экөөбүз кандай кыйынчылыктарга туш келгенибиз, башыбыздан өткөргөндөрүбүз. Жалпысынан кыйынчылыктарды кантип жеңүү тууралуу сөз болот.

Лондондо жашаган өзбек журналисти Шаxида Юсуптун айтымында:

-Спектаклдын мазмуну өтө күчтүү, себеби ал Өзбекстандагы диктатураны, диктатуранын шартында жашаган карапайым үйбүлөнүн турмушун көрсөтөт. Өзбекстанда Надирага окшогон миңдеген кыздар бар. Надира дагы бактылуу экен, ал Крейг Мюррейге жолугуп калды. Болбосо канча кыздар Дубайда, ал эле эмес, Ошто, Бишкекте денесин сатып жүрүшөт. Ушул көз караштан алганда бул оюн көптөгөн өзбек аялдары баштарынан өткөргөн оорчулуктарды көрсөтөт.

Надира кичине кезинен ата-энесинин сахнада койгон ойнун көрүп, актриса болсом деп самачу экен. Бирок көз карандысыздыктан кийин, ата-энеси ишсиз калып, атасы ичкиликке, баңгиликке берилип кетет. Ал Надираны өзбек-ооган чек арасына жиберип, ошол жактан маң заттарын алдырып турган. “Азаттык” менен маегинде Надира үйдөгүлөр ачка калганын, ал өз жанын кыя турган болгондо агасы токтотуп калганын эскерди. Ошондон кийин ал энеси каалагандай, Ташкендеги Дүйнөлүк тилдер унивеститетинде окуп, мугалим болуп чыгат. Бирок мугалимдин акчасы өтө аз болгондуктан, бирөөлөрдүн үй-оокатын кылып жүрөт.

Кийин бир фирмада секретар болуп иштейт. Ал фирманын башчысы Аллага табынган ажы экен. Ал Надираны зордуктап коет, ошондон кийин ал ишинен кетүүгө мажбур болот. Сөзүн англис тилинде уланткан Надира ал үчүн бул зордуктоо турмушундагы өзөчө оор көз ирмем болуп калганын мындайча билдирди:

-Мен өзүмдү жоготуп койдум, канча ыйладым. Башка бирөө болсочу, ал ажыга барып келген ажы болчу. Эгер ажы эмес, башка бирөө болгондо, балким бул окуяны унутуп калат белем. Бирок, мен муну эч качан унута албайм.

Надира өз турмушунда дагы бир зордуктоого, тартип коргоочунун зордуктоосуна дуушар болгон.

Мындан көп өтпөй Надира Ташкендеги түнкү клубга түркүк бийчиси болуп орношту. Мында ал 300 доллардан айлык алчу, бул акча анын бүт үй-бүлөсүн багууга жетчү. Ал кезде Британиянын Өзбекстандагы элчиси болуп иштеп турган Крейг Мюррей менен Надира ошол клубдан таанышкан. Мюррей өзбек бийликтеринин укук бузууларын аесуз сындаганы менен кеңири таанымал болгон. Ал Батыш өкмөттөрүн да расмий Ташкен менен кызматташканын айыптачу. Мюррейдин "Самарканддагы киши өлтүрүү" деген автобиографиялык китеби ал Британияга кайтып келгенден кийин жарык көрдү.

Мюррей элчилик кызматынан бошоп калгандан кийин, 20 жыл мурда үйлөнгөн аялын таштап, ал кезде жаңы 20дан ашкан Алиева менен Лондонго кеткен. Надира Мюррей менен түнкү клубдардагы бийчинин турмушунан кутулуш үчүн мамиле түзгөнүн жашырган жок. Ошол эле мезгилде ал "Мюррейдин саясий ишмердүүлүгү тууралуу убагында билген болсом аны менен эч качан мамиле түзбөйт болчумун" деп ырастады.

Экөө Лондонго келгенден кийин жашоолору жеңил болгон жок. Мюррей ишсиз калды, Надиранын спектакл коюу идеясынын мына ушундай материалдык жагы да бар:

-Өзбекстанда жашоо кыйын эле, бирок үйбүлөм жанымда болчу. Азыр жашоом жакшы, бирок үйбүлөм алыста. Былтыр апам келип кетти. Аны кайра чакырганга акчабыз жок. Эгер бул спектакл менен акса тапсам, аны кайра чакырам. Акчанын тартыштыгынан ага-инилеримди да чакыра албайм. Бирок бара-бара баары жакшы болот.

Надира Алиеванын 60 орундук Аркола театрындагы оюнунда анын Ташкендеги түнкү клубдарда чет элдик эркектерден мазохизм жана спэнкинг өндөнгөн көңүл ачуунун чектен чыккан айрым ыкмаларын үйрөнгөнү тууралуу да айтылат. "Сценарист жана прдюссерлер ушуларды кошсок, театр көрүүчүлөрүнө кызыктуу болот" деп айтышканын Надира мойнуна алды. Спектаклде ал түнкү барларда бийленген киндик бийин да аткарат.

Спектакл келерки айда Лондондогу коммерциялашкан Уест Енд театрларынын биринде да коюлат деп күтүлүүдө. Надиранын айтымында, Мюррейдин "Самарканддагы киши өлтүрүү" китеби боюнча Голивуд кино тартып, анда Анжелина Жоли ойношу мүмкүн деген сөздөр болуп жаткандыгын билдирди.

Надиранын сахнадагы чыгармачылыгы Англияда ар кандай кабыл алынууда. "Стейж" же "Сахна" деп аталган интернет сайты "анын сахнадагы аткаруучулугу адамды өзүнө имере тарткан жылуулугу менен айырмаланат" деп жазды. Бирок Дейли Мейл гезити "Бул өгөй энесинен запкы таркан Айдагы кыздын эмес, абийирден алыс кеткен кылыктанган аялдын" таржымалы деп жазды.

Надира өз башына түшкөндү эч кимге каалабайм дейт. Ошол эле мезгилде ал өз турмушуна канааттанаарын мындайча кошумчалады:

-Мен өзүмө сыймыктанам, анткени кыйынчылыктарга багынган жокмун. Мен дайым кудайга ишенем. Азырынча, менин тилеген тилегим акырындап болсо да, ар дайым орундалып келатат.

ГЕРМАНИЯЛЫК ЖУРНАЛИСТТИ АСТАНАДА “ӨЛТҮРӨ САБАП” КЕТИШТИ

Казакстандын байтакты Астанада германиялык тележурналист Маркус Бенсманды белгисиз бирөөлөр катуу сабап, көчөгө таштап кеткен. Түнү бою суукта жатып, бетин, колу-бутун үшүк урган журналист жекшемби күнү эртең менен табылган. Маркус Бенсман греманиянын маалымат булактарында Борбор Азия, анын ичинде Анжиян калабасы жана Бишкектеги 2005-жылкы ыңкылап жөнүндө жайынан кабарлап турган.

Кычыраган аязда суукта түнү бою эс-учу жок жаткан Маркус Бенсмандын колу-бутун суу уруп кеткен. Журналисттин абалын Астаналык дарыгер Сергей Вервейн “Азаттык” радиосунун кабарчысы Бауржан Шайахметке мындай сүрөттөгөн:

-Оорулуунун абалы оор болгондуктан, эмнеден жараат алганын айтканга шайманы жетпейт. Башына зыян кеткен. Эки таманын жана колунун манжаларын үшүк уруп кеткен. Жаак сөөгү, мурду сынган. Денесинде да запкы жеген жерлери бар. Бир күн реанимацияда жатты.

Казак полициясы Бенсманды кимдир бирөөлөр уруп кеткенин тастыктап, окуянын журналисттин ишмердүүлүгүнө тиешеси жок экенин билдирди.

Маркус Бенсмандын аялы Галима Букарбаеванын сөзүнө караганда, күйөөсү Астанага Германиянын ARD телеканалынын тапшырмасы боюнча барган экен:

-Ал Астана шаарын түрдүү жактан тартып, анын ичинде Опера театры, жаңы имараттар жөнүндө архитекторлор менен сүйлөшмөк. Ал түнкү Астананын жашоосун да көрсөтүүнү ойлоп жаткан. Ал үчүн ишембинин түнүндө түнкү клубга барган. Клубдан кайтканда ичинде эки жүргүнчүсү бар менчик таксиге отуруп, алардын колунан ушинтип таяк жеп отурат.

Астана шаардык полициясынын өкүлү Элмира Шавленованын айтымында, журналист түнкү клубдан эки жарым ченде чыгып, кирээге деп кармаган “Мерседес” автомобилине отургандан кийин эмне болгонун билбейт экен.

Маркус Бенсмандын 2005- жылкы Анжиян калабасы тууралуу жайынан ADR телеканалына маалымат берип турган. Аялы Галима Букарбаева болсо, “Журналисти в беде” корунун башчысы Розлана Тюкина айткандай, АКШ Конгрессинде кандуу булоон жөнүндө сөз сүйлөп, өзбек аскерлер аткан ок тешип кеткен торбосун көрсөткөн. Андыктан, Тюкина германиялык журналисти өзбекстандын коопсуздук кызматынын кызматкерлери сабап кеткен болуш керек деп боолгогонун “Азаттыктын” кабарчысы Бауржан Шайахметке айткан.

Германиянын WDR/ADR раидосу Маркус Бенсман азыр мекенинде дарыланып жатканын, окуя жөнүндө ырасмий маалымат ала элегин билдирди.

ТҮРКМӨНСТАНДА ОПЕРА, БАЛЕТ, ЦИРК ЖАНА ЧЕТ ЭЛДИК КИНОГО УРУКСАТ БЕРИЛДИ

Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухаммедов өзүнөн мурунку журт башчы Сапармурат Ниязовдун айрым аша чаап, элди айран таң калдырган чечимдерин жокко чыгарып келатат. Ошондой эски катаны оңдоо аракетинин соңкусу - Бердымухаммедовдун опера жана балет театрын кайра ачып, цирк, кинотеатрларды калыбына келтирүү чечими болду.

Музыка, ыр, бий аралаш сахнадагы эң эмоционалдуу оюндардын бири - операнын күйөрмандары дүйнөнүн ар тарабында бар экени талашсыз. Бирок, Түркмөнстандын мурдагы президенти Сапармурат Ниязов андай деп ойлогон эмес, ал 2001-жылдын апрель айында опера жана балет – искусствонун түркмөн эли үчүн маани-маңызсыз, жат түрү деп жарыялап, аларга тыюу салган. Опера жана балет театрларына кошумча чет элдик маданият түрү катары цирк менен кинотеатрлар да жабылган. Алардын ордун Сапармурат Ниязовдун өмүр баяны менен ишмердигин даңазалаган узун теле-радиопрограммалар баскан.

2006-жылдын аягында Ниязов кайтыш болуп, анын ордун Бердымухаммедов басканда, коомчулукта эми айрым өзгөрүүлөр болоор деген үмүт жанган. Анысы кандай, эми Бердымухаммедовдун Түркмөнстанда чет элдик маданиятка да орун табылат деп жар салганын коомчулук жакшы кабар катары кабыл алды. Германияда жашаган түркмөн ырчысы Моммак Кулы эми айрым өнөрпоздор Түркмөнстанга кайтып барышы мүмкүн деген пикирде.

- Биз опера, балет, цирктерди жойгон эски чечим алынып салганына абдан кубанычтуубуз. Театрдын мурдагы артисттери кайра кайтып келишин каалар элем. Биздин эл опера-балетти түшүнбөйт деген болбогон сөз. Элге буларды жеткирүү абдан маанилүү иш. Дал ушул көркөм өнөр, маданият аркылуу дүйнө ар бир элди түшүнүп кабыл алат эмеспи.

Бул жаңылык чет өлкөгө кетпей, Түркмөнстанда ырасмий түрдө ишсиз калган белгилүү ырчы жана композитор Акмухаммет Сапаровду да сүйүнүчкө бөлөдү.

- Бардык өнөрпоздордой эле мен ырчы жана композитор катары оңго, солго бурулбай өз ишимди уланта бердим. Элге концерт берип, жаңы ырлар, музыка жаратып, жардамга муктаж башка жаш кесиптештерге көмөктөштүм.

Түркмөнстандан көптөгөн таланттуу өнөрпоздор башка жактарга кетип, сүйүктүү ишин улантууга аргасыз болушкан. Андай адамдардын бири – Ашгабаттык театр режиссеру Какажан Ашыров былтыр Бишкекте бир нече ай жашап, жаңы жыл алдында Токтоболот Абдымомунов атындагы Кыргыз улуттук драма театрында “Чынгызхандын ак булуту” спектаклин койгондон кийин мекенине кайтып кетти. Чыныгы өнөрпоздор өз чыгармачылыгында бир улуттун маданияты менен чектелбей, ар башка өлкөдө жаралган эмгектерди өздөштүрүп, өз талантын өнүктүрүшү зарыл экенин түшүндүбү, айтор, Гурбангулы Бердымухаммедов - ыраматылык устаты кетирген каталарды ушинтип оңдой баштады. Азырынча Түркмөнстанда кинотеатрлар ачылып, аларда чет элдик тасмалар көргөзүлө баштады, цирктин иши жанданып, жакында түркмөн эли сыймыктанган асыл тукумдуу аргымакткар кайрадан өз оюнун тартуулай баштаары күтүлөт. Балким, чет өлкөлөргө башпааналап кеткен опера жана балет артисттери кайра кайтып келе баштайттыр, анда Ашгабаттагы 7 жыл мурда соода борборуна айландырылган театр шашылыш кайра оңдолуп ачылып калышы да ажеп эмес.

ЭЛ АРАЛЫК КООМЧУЛУК ӨЗБЕК ПАХТАСЫНА БОЙКОТ ЖАРЫЯЛАДЫ

16-январда Өзбекстанда Ислам Каримовдун инаугурация аземи өтүп, бул окуя эл аралык коомчулуктун көңүл сыртында калган жок. Ошону менен бирге ушул аптада британиялык ири “Теско” компаниясынын дүкөндөрү өзбек пахтасын терүүдө өспүрүмдөрдүн эмгеги колдонулган деген негиз менен андан жасалган кездемелерди сатып алуудан баш тартты. Буга катарлаш Өзбекстандын айрым шаарларында газдын жана электр жарыгынын кымбатташына байланыштуу нааразылык акциялары өттү.

Өзбекстанды 17 жылдан бери башкарып келе жаткан Ислам Каримов 16-январда үчүнчү жолу президенттик кызматка расмий киришти. Өлкөнүн расмий маалымат булактары президенттин инаугурациясы тууралуу көп деле жазбаса, орусиялык жана казак басма сөз каражаттары парламент жыйынында өткөн азем жупуну болгонун кабарлашты. Маалыматтарга ылайык, инаугурацияга чектелүү эле сандагы бийлик өкүлдөрү, журналисттер жана дипломаттар чакырылган.

70-жаштагы Каримов 23-декабрда өткөн президенттик шайлоодо расмий маалыматтарга ылайык, шайлоочулардын 88 пайыз добушуна ээ болгон. Оппозиция, укук коргоочулар жана ЕККУ шайлоо эркин жана таза өткөн эмес деп эсептейт. Каримовдун инаугурациясы дүйнө коомчулугунун нааразылык толкуну алдында өттү десек болот. 15-январда дүйнөдөгү көлөмү боюнча үчүнчү орунда турган “Теско” компаниясынын дүкөндөрү пахта терүүдө өспүрүмдөрдүн эмгеги колдонулгандыктан өзбек пахтасын сатып алуудан баш тартты.

Бул багытта активдүү жүргүзүлгөн кампаниянын демилгечиси болгон “Экологиялык акыйкат” фонду өзбек пахтасына жарыяланган бойкотту кубаттап, муну “мурда болуп көрбөгөндөй кыймыл” деп атады. Аталган фонддун директору Жуллиет Виллиямс буларды айтат:

Ири компания катары “Теско” демилгени колго алганы бизди абдан кубандырат. “Теско” өспүрүмдөр эмгеги менен байланыштуу иштерден оолак болууну каалайт. Биз биргелешкен эл аралык коомчулук өзбек өкмөтүнө кысым жасап, кырдаалды өзгөртө аларына ишенебиз. , - деген Виллиямс айым “Азаттык” үналгысынын өзбек кызматына берген маегинде, дүйнөдөгү ири компаниялардын тизмесине кирген “Теско” өспүрүмдөр эмгегин колдонуу өңдүү көрүнүштү токтото аларын кошумчалайт.

Теского чейин өзбек пахтасына бир катар эл аралык компаниялар дагы бойкот жарыялаган эле. Швециянын Н-М, Финляндиянын “Маримекко” жана Эстониянын “Кренхолм” компаниялары “ак алтын” деген атка конгон өзбек пахтасын сатып алуудан баш тарткан. Статистика боюнча Европада өндүрүлгөн ар төртүнчү кийимде өзбек пахтасы колдонулат. Пахта экспортунан гана Өзбекстан жылына 1 миллиард доллардан ашуун пайда көрөт.

Өзбекстандык укук коргоочулар пахта бизнеси саясий элитага гана пайда алып келгендиктен, пахта бойкоту карапайым калктын чөнтөгүнө терс таасир тийгизбейт деп ырасташууда. Расмий Ташкент азырынча “Тесконун” пахтага бойкот жарыялоо кыймылына реакция жасай элек. Буга чейин, өзбек бийлиги өлкөнүн айыл-чарба тармагында өспүрүмдөрдүн эмгеги колдонулбай тургандыгын айтып келген. Өзбекстандын Британиядагы элчилиги ноябрдын этегинде билдирүү таратып, “массалык маалымат каражаттарынын Өзбекстанга каршы өнөктүгү туура эмес” деп айткан болчу.

Анын аралыгында, өзбекстандык карапайым тургундар бул жылы кыш өзгөчө суук болгонуна карабастан, жаратылыш газы жана электр жарыгына баа 20 пайызга жогорулаганын айтышууда. Жаратылыш газына бай келген Өзбекстанда экономикалык көрсөткүчтөрдүн төмөн болгонуна нааразы айрым жашоочулар демонстрацияларды өткөрдү. Ушундай эле нааразылык акциялары Анжиянда дагы өткөнү кабарланды. “Фергана.ру” маалымат агенттигинин кабарына ылайык, ушул аптада болжол менен 40 адам Анжиянда жол тоскон.

Бирок жергиликтүү тургундардын талаптарына карабастан, турак-жайлар жылытылбай келет.

“– Адам чыдагыс суук. Температура минус 10-13 болду. Бирок биздин үйдө газ жок, - деди “Азаттык” үналгысынын өзбек кызматына Анжияндык тургундардын бири.

Самарканддык укук коргоочу Комилжон Ашуров болсо, газга ууланып бир нече адам набыт болгонун айтат:

Биз үч адамдын өлүмү тууралуу уктук. Бул окуя бир нече күн мурун болгон. Алгач газ жок болчу. Анан алар уктап жатканда, газ кайрадан берилип, алар өчүрбөй калып, ууланганын уктук.

ТАЖИКСТАНДА ДИНДИ ОКУГАН СТУДЕНТТЕРГЕ САКАЛ КОЙГОНГО ТЫЙУУ САЛЫНДЫ

Тажикстандын билим берүү министри Абдужаббор Рахмонов мечит-медреселерде окуган жаштарды сакалдарын алып, костюм-шым кийип, галстук тагынганга буйрук берди. Андан сырткары, мугалимдерге да баарына бирдей форма тигилээрин айтып, мындан ары хижаб кийгенге тыйуу салынаарын, айрым “мыйзамсыз” курулган мечиттер буздурулаарын билдирди.

Тажикстанда хижаб кийгенге тыйуу салыш керекпи-жокпу деген маселе былтыр да көтөрүлгөн жана бул жолу министр ошол суроону кайра көтөрүп чыкканы отко май куйгандай болду окшойт. Эми тажик министри Дүйшөмбү шаарындагы Ислам университетинде окуган кыздарга “Бышыңарга оронгон хижабыңарды чечкиле” деди, ал эми эркек балдарга сакалдарын алдырып салып, костюм кийип, моюндарына галстук байлап жүргөндү талап кылды.

Министр Абдужаббор Рахмоновдун ишениминде, тажиктердин улуттук көйнөгү тизеден ылдый түшүп тургандыктан, шариятка да каршы келбейт. Демек, ошону эле кийген жетиштүү деп эсептейт ал. Эми мугалимдерге да баарына бирдей форма тигиле тургандыгын айтты.

- Билим берүү министрлиги азыр мугалимдердин кийим-кечеги боюнча жалпы талаптарды аныктап жатат, кийин алардын аткарылышын да көзөмөлдөп турабыз. Албетте, бул ислам институту жана анда өзүнүн да эрежелери бар экенин түшүнөбүз. Ошол эле учурда, медреселердеги эреже-тартиптер өлкөнүн жалпы окуу жайларындагы тартип менен бирдей болушу керектигин дагы бир жолу кайталайм.

Рахмонов хижабды “тажиктердин маданиятына такыр өөн учураган” нерсе деп атады. Буга кошумчалап, ал Ислам университетинде окуган эркектер Жакынкы Чыгыштагылар кийген баш кийимди кийбеши керек деп айтты. Кыздар болсо ал жерде, адатта, узун көйнөк кийип, баштарына жоолук салынып жүрүшөт.

Тажикстандагы медреселерде эле эмес, жөнөкөй адамдардын арасында да министр койгон чектөөлөрдү жактырбагандар арбын. Ислам университетинин бир топ студенттери биздин радионун тажик редакциясына билдиришкендей, министрдин айткан кеби аларды таң калтырган экен. Анткени алардын кийингени тажикстандык башка окуу жайлардагылардан анча деле айырмаланбайт. Атын атабаган студенттердин бири муну такыр эле маанисиз маселе деп атады.

- Мен кийе турган кийимимди медреседе же үйдө эле өзүмө жакканын тандап алам. Алардын буйругу менен ишим жок, галстук мененби, галстугу жокпу – иши кылып, өзүмө жаккан кийе берем.

Тажикстандагы Ислам Кайра жаралуу партиясынын өкүлү Махмадали Хайт министрликтин чечиминен кийин эми көп студенттер университеттен кеткенге аргасыз болушат деп ойлойт. Анткени алар өздөрүнүн кийиминен баш тартышпайт деп ойлойт ал.

Ал эми университеттин өзүнүн жетекчилиги болсо бул маселе боюнча суроолорго жооп берүүдөн баш тартты.

Тажикстанда бул маселени былтыр да көтөрүп чыгышкан. Ал учурда министр Рахмонов акыр аягында “Макул эми, университеттер өздөрү чечишсин” деп койгон да. Эми болсо чечимди өзү кабыл алганды эп көрдү окшойт.

Бирок Рахмонов исламий окуу жайларга бул эле эмес, башка да талаптарды койду. Мисалы, баардык молдолор экзамен аркылуу текшерүүдөн өтүп, чала молдолор болбошу керек деп айтылды. Мындан сырткары, каттаоодон өтпөгөн мечиттерди да жаба башташты. Былтыр Душанбенин өзүндө эле 300дөй мечит жабылган.

Алатоодо альпинизм кандай өнүгүп жатат?

Ушул күндөрү дүйнөлүк альпинизмдин көрүнүктүү өкүлү, Эверестти багындырган Эдмунд Хиллари 88 жашында көз жумду. Хиллари жана анын непалдык коштоочусу Тензиң Норгай 1953-жылы дүйнөдөгү эң бийик чокуну багындырышкан. Андан бери 3 миңдей киши Хилларинин эрдигин кайталашты.

Хиллари өмүрүнүн аягына чейин Непалда чет элдик альпинисттердин жүгүн ташыган жергиликтүү жардамчылардын турмушун оңоп, мектептерди ачып, жергиликтүү калкка жардам көрсөтүү жаатында талыкпай иш жүргүзүп келген. Ал эми Гималай тоолорунун түндүк багытында жайгашкан асман тиреген аска тоолуу Ала-тоо жергесинде альпинизм кандай өнүгүп жатат? Ушул жаатта Кыргызстандагы чет элдик альпинисттер биримдигинин жетекчиси Владимир Комиссаров Жаңыл Жусубжандын суроолоруна жооп берди.

Владимир Комиссаров ардагер алпинист, аталган биримдикти жетектөө менен катар чет элдик альпинисттерди тоолорго баштап барган тажрыйбалуу гид дагы. Анын сөзү боюнча, Кыргызстанда альпинизм туруктуу өнүгүп келатат жана өлкө дүйнөлүк туризм тармагында өзүнө тийиштүү татыктуу орунду ээлеп калды. Комиссаров Кыргызстандын туризм боюнча мамлекеттик агенттигинин тоо чокуларынын бирин Аяз атанын аты менен атаган демилгесин туура багыттагы кадам деп эсептейт:

- Мен бул демилгени абдан колдойм. Туризмде ушундай түшүнүк бар, эгер окуя жок болсо, аны ойлоп табыш керек.

Комиссаровдун айтымында, Аяз атанын жашаган жерине Нарын областынын тоолору ылайыктуураак болмок. Бул демилгенин аркасы менен Кыргызстанга альпинистер агып келе баштады дейли. Аларды кабыл алууга өлкө даярбы? Маектешибиз альпинизмге айрыкча татаал инфраструктуранын кереги жоктугун, ошентсе да туристтердин көбөйүшү көп убакытты талап кылган иш экендигин мындайча белгиледи:

- Чоң агым дароо эле пайда болбойт. Кыргызстанды таануу аз аздап, акырындык менен жүрмөкчү.

Туристтердин саны көбөйгөн сайын, алардын артынан таштанды да көбөйбөйбү? Комиссаров мындай тынчсызданууга негиз жок деп эсептейт:

- Бизге туристтер негизинен өнүккөн Европа өлкөлөрүнөн келишет. Бизден айырмаланып, алар табигатка көздүн карегиндей мамиле жасашат. Алар баарын таптаза жыйнап кетишкендиктен, артынан эч нерсе табыш мүмкүн эмес.

Көз карандысыздыктын алгачкы жылдарында Кыргызстан тоого чыккан альпинисттерден акча алчу, бирок кийин бул практикадан баш тартты.

- Мисалы Кытайды же Непалды алсак, Эверестке чыккан бир топ үчүн 50 миңдей доллар алышат. Жапысыраак чокуларга чыккандар 10-20 миңден төлөшөт. Бирок бул өлкөлөргө рекламанын кереги жок, Эверестти баары билет, ал чокуга чыкканга кезекке турушат. Ал эми Кыргызстанга эч кандай кезек жок. Тескерисинче биз "келгиле, мейманкана, унаа, башка кызматтар үчүн акчаңарды сарптасаңар эле болду" деп жатабыз.

Альпинисттер кадыресе туристтерден эмнеси менен айырмаланат? Алар мисалы жергиликтүү маданиятка кызыгабы же тоолорду кыдырып, таза абадан дем алып кеткенине эле куштарбы? Комиссаров альпинисттер маданиятка көңүл кош карайт деген пикирге кошулбайт:

– Мисалы биз Швейцариядагы эл аралык альпинизм мектебине кызмат көрсөтөбүз. Алар Кыргызстанга 15 жылдан бери жылыга экспедиция менен келишет. Алар ар дайым чабандар менен таанышып, сүрөткө түшүп, сөзсүз сүрөттөрүн салып жиберишет.

Альпинисттер ошондой эле жергиликтүү кол өндүрүүчүлөрдөн товар алышат, музейлерге барышат. Алар үчүн сөзсүз атайын концерттер уюштурулат. Кыргыздар да бөлөк элдердин үрп-адаттары, каада-салттарын үйрөнүшөт. Айтор, Кыргызстандагы Чет элдик алпинисттер биримдигинин жетекчиси Владимир Комиссаровдун айтымында, альпинизм туризмдин эки жакка тең пайдалуу түрү болуп саналат.

Жаңыл Жусубжан, Прага

БАТЫШТЫН AGIP КОРПОРАЦИЯСЫ КАЗАКСТАНДЫН ШАРТЫНА КӨНДҮ

Амирбек Усманов, Прага “Казмунайгаз” корпорациясы менен эларалык AGIP корпорациясы ортосундагы эрөөлдө казак тарап жеңди. Дүйшөмбү күнү жетишилген келишимге ылайык, казакстандык компаниянын Кашаган долбоорундагы үлүшү эки эседен ашуун көбөйтүлдү. Ошондой эле AGIP Кашаган кенин “Казмунайгазга” кеминде 2,5 миллиард доллар компенсация төлөп берет. Жаңы келишим, четэлдик инвесторлорго Казак өкмөтүндө каалаган учурда аларды кысмакка алчу куралы бар экенин көрсөттү.

Мамлекеттик “Казмунайгаз” корпорациясы менен Италиянын Eni компаниясы башындагы AGIP консорциуму ортосунда кол коюлган жаңы келишим казак тарап үчүн өтө пайдалуу. Биринчиден, жаңы келишим “Казмунайгаздын” Кашаган мунай долбоорундагы үлүшүн эки эсеге көбөйттү жана анын долбоордогу үлүшү дээрлик 17 процентке тете болуп калды. Бул, албетте, батыштык консорциумдун мүчөлөрү алчу кирешени бир кыйла азайтат. AGIP консорциумуна Франциянын Total, Кошмо Штаттардын ExxonMobil, Нидерландиянын Shell жана Италиянын Eni компаниялары кирип, алардын ар бири ири долбоордо 18, 52 процент акцияга ээ болчу. Экинчиден, AGIP мунай өндүрүүнү эки жылга кечиктиргени үчүн казак тарапка 2, 5 миллиард доллардан –4, 5 миллиард долларга чейин айып пул төлөйт. Келишим боюнча, AGIP мунайды 2008- жылы өндүрө баштамаш керек болчу.

Булардан тышкары америкалык Conoco Phillips, япониялык Inpex ар бири долбоордо 9, 26 проценттик үлүшкө ээ эле.

Жаңы келишим “Казмунайгазды Кашаган мунай кениндеги ири оюнчуга айлантты. Муну алматылык белгилүү серепчи Досым Сатпаев Казак өкмөтүнүн чоң ийгилиги деп баалайт:

- “Казмунайгаздын” үлүшүн көбөйтүүгө консорциумдун бардык мүчөлөрүнүн макул болгону, ошондой эле, алардын компенсация төлөп берүүгө ынануусу Казак өкмөтү өз максатына жеткенин күбөлөйт. Ушинтип, Казак өкмөтү мамлекеттик “Казмунайгаздын” чоң жана кирешелүү долбоордогу ордун бекемдеп алды.

Казак өкмөтү инвестициялык майдандагы оюндун эрежесин өзгөртүү боюнча да алдына койгон максатына жетти. Себеби, AGIP менен мурда түзүлгөн келишимди өзгөрткөнгө катар Казак Республикасынын инвестиция жөнүндөгү мыйзамына да өзгөртүүлөр киргизилди. Натыйжада, Сатпаевдин айтымында, чет элдик бардык инвесторлордугун ишмердүүлүгүн көзөмөлдөө күчөтүлдү:

- Бул эки жак үчүн өтө катаал сабак болду. Эми, чет элдик инвесторлор Казак өкмөтүнүн колунда күчтүү буроо бар экенине көздөрү жетти. Мындан ары инвесторлор Казак өкмөтүнүн талабын кылдат укчу болушат.

Каспийдин түндүк ныптасындагы Кашаган кени, “Financial Times” гезитинин жазышынча, 1960- жылдан кийин табылган мунай кендеринин эң ириси. Анын кору 9 миллиард баррелге барабар деп саналат. Долбоор толук ишке кирсе күнүнө 1 миллион баррель мунай өндүрүлмөкчү.

ЖЫЛ САЙЫН ОРУСИЯДА 300-400 КЫРГЫЗСТАНДЫК МИГРАНТ КӨЗ ЖУМАТ

“Замандаш” ассоциациясы өткөн жылы Орусияга иш издеп кеткен 350 кыргызстандык ар кандай себептер менен каза болгондугу тууралуу маалымат таратты. Анын себептери катары иш учурундагы ар кандай кокустуктар, орус улутчулдарынын ур-токмогу айтылууда. Мындай көрүнүштөргө карабастан жүздөгөн кыргызстандык эмгек мигранттары бүгүн да Орусияга агылып жаткан чак.

Орусияда иш алып барышкан кыргыз диаспораларынын жана уюмдарынын маалыматына ылайык жыл сайын Орусияда 300-400 чамалуу эмгек мигранттары көз жумат. Алардын айтымында, ар кандай себептер менен көз жумган эмгек мигранттарын мекенине алып келүү кыйла түйшүктү жаратып келатат. Анткени, ал биринчи кезекте кымбатка туруп, сөөгү кайтпай калгандар да жок эмес. Мигранттар менен иш алып барган “Замандаш” ассоциациясынын президенти Жума Абдуллаевдин айтымында, Орусияда эмгектенишкен кыргыз мигранттардын саны кыйла жогору болгондуктан, каза болгондордун үч жүздөн ашуун болуп жатышы табигый көрүнүш:

- Өткөн жылы Орусияда 350 мекендешибиз каза болду. Бул эми бир жагынан табигый көрүнүш. Анткени, ал жакта киши канчалык коп болгон сайын араларында ошондой жамандык да болот да. Бирок ал жакта тобокелчилик кантсе да жогору. Негизи жумуштан, курулуштан курман болгондор бар, сууга чөгүп кетип аткандар жана скинхеддердин курмандыгы болгондор бар. Сөөктөрү негизинен кайтып келет мекенине, бирок кайтпай калгандары да бар.

Миграция жана калкты эмгек менен камсыз кылуу комитетинин маалыматына ылайык, акыркы эки-үч жылда Орусияда уруксатсыз иштеп жүргөндөрдүн саны кескин азайып, мигранттарды каттоо ирети жолго коюлган. Орусия да мигранттарга тиешелүү мыйзамдарын катаалдаштырып келет. Миграция комитетинин төрайымы Айгүл Рыскулованын айтымында, мигранттарга болгон камкордук улантыла бермекчи. Анткени, мигранттар аркылуу өлкөгө агып кирип аткан каражаттардын суммасы абдан жогору. Ошондой эле ал мындан ары чет жерде көз жумган мигранттардын сөөгүн алып келген учурда мамлекет анын чыгымын жаап бере турганын айтты:

- Негизи жанагы 350 адам өлдү деген маалымат так эмес. Бирок жыл сайын ушундай маалыматтар айтылып келатат. 300-400 киши деп айтылат. Ар кандай себептер болот экен, ден-соолуктарына байланыштуу, улутчулдардан токмок жеген учурда, иш үстүнө каза болгондор болот. Эми биз ушул жылдан баштап чет жерде каза болгон мигранттарыбыздын алып келүү чыгымын толук мойнубузга алып атабыз. Азыркы тапта бизге 14 документ келип түштү.

КАЗАКСТАН ҮЙ-БҮЛӨДӨГҮ ЗОМБУЛУККА КАРШЫ МЫЙЗАМ КАБЫЛ АЛГАН ЖАТАТ

Каарманбек Кулуев, Бишкек Казакстандын парламенти Борбор Азияда эң алгачкылардан болуп үй-бүлөдөгү зордук-зомбулук маселеси боюнча атайын мыйзамды караштырып жатат. Эгер буга чейин үй-бүлөдөгү зомбулук үчүн административдик айып гана каралган болсо, жаңы сунуш кылынган мыйзамга ылайык, ал кылмыш деп бааланып, ага тиешелүү чаралар көрүлөт.

Үй-бүлөдөгү зордук-зомбулук, тилекке каршы, Борбор Азиянын миңдеген айыл-кыштактарында жана шаарларында көнүмүш нерсе, жана көпчүлүк аны кылмыш деп да эсептебейт. Абалды өзгөртүү аракети менен Казакстан Ички иштер министирлиги парламентке кайрылды. Сунушталган мыйзам долбооруна ылайык, үй-бүлөдөгү зордук-зомбулук кылмыш катары баалана баштайт. Бул өз кезегинде тиешелүү чараларды көрүү үчүн милиция кызматкерлерине көбүрөөк мүмкүнчүлүктөрдү берет.

Казакстандын Ички иштер министиринин орун басары Алик Шпекбаев билдиргендей, аталган долбоор мурда эле даярдалган, бирок Ички иштер министирлигинин назарына жакында гана сунушталды.

"Демилге биринчи жолу 1999-жылы көтөрүлгөн. Анда абал анча ыңгайлуу эмес болчу. Азыр ал маселе Ички иштер министирлигине тапшырылып, мына биз бүгүн мыйзам долбоорун парламенттик комитеттин отурумунда сунуштадык. Анын башкы максаты - үй-бүлөдөгү зордук-зомбулукту азайтуу. Мыйзам кабыл алынса, көптөгөн көйгөйлөр чечилет эле".

Сунушталып жаткан мыйзамга ылайык, уруп-сабалган аял жана балдар үчүн атайын борборлор түзүлөт. Анда жабыр тарткан аял жана балдарга баш паанек берүүдөн тышкары, жабыр тарткандарды да, уруп-сабагандарды да тейлеген консультациялык кызмат да каралган.

Казак мажилисинин депутаты Багила Балмаганбетова сунушталган мыйзам долбоорун колдойт жана мындай борборлор абдан керек деген ойдо. Бирок, депутаттын пикиринде, ур-токмокко учураган аялдардын көбү андай борборлорго барбайт жана үй-бүлөдөгү зомбулук тууралуу эч кимге айткысы келбейт.

"Жок эле дегенде, 17 миң аял мындай борборлордон жардам сураптыр. Бул чын эле көп. Ал эми канча аялдар, аларды уруп-согуп жатса да, уят деп барышпайт. Алар «Балдар мектепте эмне дешет?», «Мен жумушта эмне дейм?» деп айтышат. Бизде андай аялдар көп. Бирок бул натуура. Атайын борборлор болуш керек, аларга барыш керек, айтыш керек. Анткени зомбулуктан аялдар гана эмес, балдар да жапа чегүүдө".

Үй-бүлөдөгү зомбулук маселесин териштирип келгенде, жабырлануучу тарап катары үй-бүлөнүн баардык мүчөлөрү каралышы мүмкүн. «Ардагерлер» бейөкмөт уюмунун башчысы Баян Акматжанова ата-энесин сабаган балдар да болот дейт.

"Аты-жөнүн атабай эле коелу. Бир аял келип “Мени баламдан коргоңуздар” деп суранган. Биз сотко чейин бардык. Баласы ата-энеси тапкан акчасын тартып алат экен, сабайт экен. Көрүп, ушунчалык жүрөгүң ооруйт".

Сунушталып жаткан мыйзам долбоору үй-бүлөдөгү зордук-зомбулуктун баардык түрлөрүн камтыдыбы жана ал бул көйгөдү керектүү деңгээлде азайта алабы - али айтуу кыйын, бирок долбоорду сунуштап жаткан Ички иштер министринин орун басары Алик Шпекбаевдин айтуусунда, мыйзам көптөгөн жагдайларды жөнгө салат. Анда, керек болсо, расмий түрдө үйлөнбөй эле кошо жашаган жана ажырашып кеткен үй-бүлөлөр да каралыптыр.

ОРУСИЯ ЭМГЕК МИГРАНТТАРЫНА БӨЛҮНҮҮЧҮ КВОТАНЫ КЫСКАРТТЫ

Муса Мураталиев, Маскөө калаасы Орусиянын миграция боюнча федералдык кызматынын башкармасы таркаткан маалыматка караганда 2008-жылы өлкө эки миллион гана эмгек мигрант кабыл алуу үчүн план түзүүдө. Бул былтыркы жылга салыштырганда үч эсеге аздык кылат. Сырттан көз салуучулардын болжолунда федералдык бийликтин мигранттардын Орусияга келүүсүн чектөө - иш издегендердин көпчүлүгү жумушту Москва менен Санкт-Петербургдан издеп жатышканынан улам болгон. Ал шаарлар анчалык көп чет элдик жумушчу күчүнө муктаж эместиги ырас, бирок, ошол эле учурда өнүгө баштаган региондордо курулуш, өнөр жай жана айыл чарба жумуштарын аткарууга жумушчулар керек дешет.

Орусиянын миграциялык кызматы быйыл эки гана миллион чет элдик жумушчу ишке аларын билдирди. Былтыр виза албай катташып жүргөн КМШ өлкөлөр атуулдарынан – Кыргызстан андай өлкөнүн бири – 6миллион жумуш издеп келгендерге уруксат берилген экен. Быйылкы берилип аткан орундун кайсы аймакка канчасы керек экендиги азырынча так эмес.

Эки гана субъектте: Свердловск облусу 150 миңден көбүрөөк жумушчу жана Маскөө 300 миң жумушчу аларын билдирип чыгышты. Федералдык Миграция кызматынын жетекчиси Константин Ромодановский айтканга караганда, 2007-жылы Орусияга жумуш издеп келгендерди жолго салуу жемишин бере баштаган. Кеткен жылы ишке уруксаты жок чет элдик кишилерди ишке алган кожоюндардан казынага 4 млрд. рубл штраф төктүрүлгөн. Ага дейре мынчалык штраф төгүү эч убакта болгон эмес. Ошону менен катар жетекчи Маскөө менен Питер шаарларына жумуш издеп келген конокторду ишке алууну кескин кыскартуу болгонун да кеп кылган.

Бул маселе боюнча Маскөөдөгү кыргыз диаспорасынын жетекчилеринин бири Арстаналы Юсуповду кепке тартып кыскача маек курдук:

«АЗАТТЫК»: -Орусияга келип туруучу мигранттарды бийлик кыскарта баштады. Кыргызстандан келип аткан боордошторубуздун абалы кандай болор экен?

ЮСУПОВ: -Быйылкы, 2008-жылдан баштап мигранттарга квота эки эсеге кыскартылды. Бул деген, демек мурдагыдай эле иш издеп келгендердин баарына жумуш берилбейт дегендик. Жакшы текшерүүдөн кийин орусчаны билген, адистиги бар адамдарга уруксат берилет. Ошол эле учурда 2006- же 2007-жылы Орусиянын кайсы жеринде иштебесин, эгерде ал иштеген жердин ээси ага жакшы жумушчу деген мүнөздөмө кагазын жазып берсе, андай киши кайра ишке алынат. Ал эми жаңы иш издеп келгендер үчүн абдан кыйын болот.

«АЗАТТЫК»: -Кыргызстанда башка өлкөгө барып иштеп келейин дегенер саны азайып атабы же көбөйүп атабы?

ЮСУПОВ: -Жылдан жылга көбөйүп атат, азайган жок.

«АЗАТТЫК»: -Бул жерде, өзүңүз билерсиз, өңү бурууларды улутчулдар кодулап, жерүү, а кээде кол салып, өлтүрүп кетүү бар. Ошол адат калып баратабы же мурунку эле калыбындабы?

ЮСУПОВ: -Баштагыга караганда ачыктан ачык чыгып үгүт айтуу азайгансыйт, же сыналгы менен маалымат каражаттары жашырып жаап көргөзбөй атышабы, бирок ал бар. Ошондой эле бул нерсе (улутчулдук маанай – ММ) жок болбойт, боло берет.
Анализчилер баамында ири шаарларга келгиндерди жолотпоо максатында мыйзамын катуулатып, өкүмөт ошону менен мурдатан тартыш болуп келаткан элет жерлериндеги жумушчу күчүнө зыян келтирет дешет.

ТҮРКМӨНСТАН ГАЗГА БАЙ, ГАЗГА ЖАРДЫ…

Түркмөнстан газга бай, муну бийликтер да жашырбайт. Тегин жерден бул өлкөдө газ бекер эмес. Бирок чын эле түркмөн газы түркмөн атуулдары үчүн бекерби?

Түркмөнстанда президент Ниязовдун көзү өткөнү менен, жаңы келген мамлекет башчысы Бердымухаммедов түркмөн атуулдарын бекер электр кубаты жана бекер газ менен камсыздоону улантам деп убада кылган. Бирок чындыгында газ бекер эмес шекилдүү.

Түркмөнстандын Араб деген айлына 1993-жылы көчүп келгендердин бири айылда газ эч качан болгон эмес дейт:

-Кээ бирлер чоң газ түтүгүнө өз алдынча кошулуп алышкан, бирок көпчүлүктүн айылга газ киргизүүгө каражаты жок. Электр кубаты да солгундап кеткендиктен сентябр айынан бери от жагып, тамак жасап ичип калдык. Бирок газ компаниясына биз акча төлөйбүз. Бул компаниянын кызматкерлери келип, «кааласаңар акча чогулткула, биз үйүңөргө газ жеткирип беребиз»,-деп айтышат.

Ал эми Азаттыктын Лебап дубанындагы кабарчысы Осман Халлыевдин айтымында, Түркмөн калкын газ менен камсыз кылуу, айрыкча кышында начар болуп жатат. Анткени газ түтүгүндө басым, айрыкча айыл жеринде түшүп кеткен.

Азаттыктын дагы бир кабарчысы Солтан Ачылованын ишениминде, тургундардан акча талап кылган кызматкерлер ал акчаны өз чөнтөктөрүнө салып жаткан болушу толук ыктымал:

-Өткөндө газ компаниясынын кызматкерлери менин үйүмө келип, газ пайдаланганы үчүн паланча, газ плиткасы үчүн түкүнчө төлө деп айтышты. Мен Түркмөнстанда газ бекер, ошондуктан төлөбөйм дедим.

Газ компаниясында ага чындыгында газ үчүн акы төлөш керек экендигин айтышты. Бирок кур дегенде Ачылованын үйүнө акча сурагандар келбей калды:

-Мен эмне үчүн компаниянын кызматкерлери акча сурап келип жатат, андан көрө мен кассаңарга төлөйүн, алар башка келбесин деп айттым. Алар чогулткан акча мамлекеттик казнага түшөт деп ойлобойм.

Анын аралыгында, газдын дүйнөлүк баасы ай санап эмес, күн санап өсүүдө. Ошого жараша, түркмөн бийликтери экспорттолгон газдын баасын улам көтөрүп жатат.

1990-жылдардын этегинде өлкө Орусиянын Газпромун бир миң куб метр газга 36 доллар төлөөгө араң көндүргөн, ортодогу талаштардан улам, ал кезде Орусияга баруучу газ кууру улам жабылып калчу. 2005те Газпром бир миң куб метрге 65 доллар, ал эми 2006да 100 доллар төлөөгө макул болду.

Иранга түркмөн өкмөтү газды 40 доллардан сатып келген, 2007де бул баа 75 долларга жетти. Бирок өткөн аптада Иранга баруучу газ түтүгүнүн жабылып калышын бул өлкөгө сатылуучу газ баасынын дагы кымбатташына жорушууда.

ӨЗБЕКСТАН: ӨЛҮМ ЖАЗАСЫ ЖОЮЛДУ, БИРОК...

Жаңы жылдан тарта Өзбекстанда өлүм жазасы жоюлду жана адамды камоого санкция берүү укугу прокуратурадан сотко өттү. Расмий Ташкент мындан эки жыл мурда кабыл алган чечим эми күчүнө кирип олтурат. Буга байланыштуу өзбекстандык айрым укук коргоочулар сыртынан караганда, өлүм жазасынын жоюлушу оң кадам экенин, бирок муну менен абактагылардын оор жагдайы анчалык деле өзгөрбөсүн белгилеп жатышат.

Ошентип, Өзбекстан Борбор Азиянын өлүм жазасынан расмий түрдө баш тарткан акыркы өлкөсү болуп калды. Чөлкөмдүн калган өлкөлөрүндө өкүмдүн арткарылышына мораторий киригизилген же бул жогорку жазадан такыр эле баш тартышкан. Өзбек президентинин өлүм жазасынан баш тартууну жана адамды камакка алууга санкция берүү укугун прокуратурдан сотко өткөрүү боюнча жардыктары 2005-жылдын август айында эле чыккан болчу. Эсиңизге сала кетели, бул мезгил өзбек бийлиги Анжияндагы кан төгүү үчүн эл аралык сынга кабылып турган учур эле. Андан берки дээрлик бир жарым жылга жакын убакыт өлкөнүн укуктук, мыйзамдык базасын жаңы эрежеге ылайыкташтыруу үчүн калтырылган болчу.

Айткандай эле өткөн убакыт аралыгында өлкөнүн Кылмыш кодексинен өлүм жазасын караган берене өмүр боюу түрмө жазасы менен алмаштырылды. Интерфакс агенттиги Өзбекстандын Жогорку сотуна шилтеме берип билдиргенине караганда, өмүр боюу түрмө жазасы оор шаарттарда атайлап адам өлтүргөндөргө, террорчулук кылгандарга берилет. Аялдарга, он сегиз жашка чейинки улан кыздарга, алтымыштан ашкандарга колдонулбайт. Бирок өзбекстандык укук коргоочулар өлкөдө өлүм жазасынын жоюлушуна байланыштуу анчалык деле кубанычын билдиришкен жок. Надежда Атаева - Францияга кетүүгө мажбур болгон өзбекстандык укук коргоочу. Ал биз менен болгон маегинде төмөнкүдөй ойлору менен бөлүштү:

Ооба, сыртынан караганда гумандаштыруу жараяны жүрүп жатат. Бирок иш жүзүндө биз режим жагдайга ылайыкташып, гумандаштыруунун эффектисин түзүп жатканын көрүүдөбүз. Өзбек мыйзамдарынан өлүм жазасы алынып салынды, бирок оор кылмыштар боюнча адамдарды жазалоо жараяны күчөдү. Эгер жасалма кылмыш иштери көп экенин эске алганда, өлүм жазасынын жоюлушу менен өмүр боюу түрмөгө кесүү боюнча өкүмдөр азайбастан, көбөйөт. Бул үчүн түрмө курулган, ал мурда химиялык бомбалар сыналган аймакта жайгашкан.

Өзбекстандык укук коргоочу Надежда Атаева белгилегендей, өмүр боюу түрмө жазасын алуучулар отуруучу атайын түрмө Каракалпакстандын Жазлык районунда курулду. Бул аймакта мурда эле жаза өтөө колониясы болгон. Укук коргоочу Надежда Атаева кылмыш шектүү адамды камакка алууга санкция берүү укугунун прокуратурдан сотко өткөрүлүшү деле Өзбекстандын шартында кубанарлык иш эмес деп эсептейт:

Практика сот системасы аткаруу бийлигине баш ийерин айныксыз көргөзүүдө. Сот Өзбекстанда көз каранды эмес. Андыктан, эми камоого санкцияны прокуратура эмес, сот берери эч нерсени өзгөртпөйт. Батыш үчүн бул позитивдүү көрүнүш. Бирок Өзбекстандагы саясий режимдин маңызына үңүлсөк, сандарды орун которуштуруудан сумма өзгөрбөйт,-дейт өзбекстандык укук коргоочу Надежда Атаева.

Өзбекстан Батыш өлкөлөрү тарабынан адам укугун бузуулар, өзгөчө абак жайларда кыйноолордун колдонулушу үчүн узактан бери сынга алынып жүрөт. Улуттар уюмунун кыйноолорго каршы комитети былтыр ноябрдын соңунда эле жарыялаган отчетунда кыйноо кеңири жайылган жана күнүмдүк практика экенин белгилеген болчу. Ал эми расмий Ташкент болсо мындай айыптоолорду четке кагып келет.

OРУС ЭКСПЕРТТЕРИ ӨЗБЕКСТАНДАГЫ ШАЙЛООНУ ИЛЕҢ-САЛАҢ КЕПКЕ АЛЫШУУДА

Муса Мураталиев, Маскөө калаасы Жекшемби күнү 23-декабрде Өзбекстандагы шайлоонун өтүшү боюнча ЕККУ уюму ырасмий түрдө «демократиянын үлгүсүнө сыйбаган» шайлоо болду деген билдирүү таркатты. Ал уюмдун эсебинде шайлоо бийликтин катуу саясий көз салуусу астында өткөрүлдү, ошондой эле оппозициялык күчтөр шайлоого катышуу үчүн бирдей мүмкүнчүлүк ала алышкан жок. КМШ өлкөлөрүнөн барган байкоочулар болсо шайлоонун «эркин жана ачык» өткөнүн белгилешкен. Орусиялык байкоочулар Өзүбекстанда өткөн шайлоонун Орусияныкына караганда айырмасы кыйла болду дешкен.

Орусиялык талдоочулар Өзбекстанда өткөн шайлоо туурасында ооз учунан кеп кылып, Каримовдун ордунда калары мурда эле дайын болгон, эмне дегенде 1989-жылдан бери мындай шайлоонун канчасын башынан өткөргөн президент бул жолу ат салышууда жеңилип калышы дегеле мүмкүн эмес эле дешет.

Орусиялык беделдүү анализчи Алексей Малашенко пикири боюнча азыркы өнүгүү 2005-жылы Анжыян окуясынан башталган. Эмдигиче ал коогалаңдуу окуя чоо-жайы ачыкка чыга элек. Ал окуяны көргөндөр айтканга караганда аскерлер огунан жүздөгөн тургундар кырылган, ал эми Каримов ал жолу билдиргенге караганда 189 куралчан исламчылар жок кылынган… "Ошол себептен азыр ал үчүн шайлоонун жыйынтыгынан да шайлоонун өтүшү өтө маанилүү. Аны менен ал өз күчүнүн дале кете электигин, бардык жерде башкаруусу мурдагыдай экенин билүү болот", - деп жазат «Независимая газетага» жарыялаган макаласында Алексей Малашенко.

Оппозиция бар экен десин деп бийлик жасалма талапкерлерди тизмелеп, жасалма ат салыш болгонун башка талдоочулар да айтышууда. Улуттук өзгөчөлүгүбүз деп актанышканы менен Борбор Азия өлкөлөрүнүн бийликтегилери өткөрүп аткан шайлоолор чындыгында советтик эле өзгөчөлүктү кармануудан улам келип чыккан адат дешүүдө.

Өзбекстанда бийлик ички оппозицияга жол бербей, ал тургай четте жүргөн оппозициянын сезин алыш үчүн Ош шаарында «Сийосат» гезитин чыгарып, Өзбекстанда оозго алына баштаган Алишер Саиповду аттырып салганын мисал келтиришүүдө.

Ал эми жакында шайлоолору өткөн Казакстан, Кыргызстан жана Орусияда жагдай саал башкача болгонун айтышат. Аларда бийлик өзү колдон жетелеген партиялар пайда болду. Алардан тышкары бийлик жасалма партияларды уюштуруп, анан аларды бийлик партиялары «жеңип» чыкканы көрсөтүлдү.

Өзбекстанда жагдай болсо такыр башкача экенин мурдагы советтик өлкөлөр алкагында коомдук-саясий өнүгүүлөрдү иликтөө борборунун жетекчилеринин бири Алексей Власов айтат:

"Өзбекстанда чындап көрсөтүлгөн бир гана талапкер болду, а калганы - мындайча айтканда, калп эле көрсөтүлгөн талапкерлер эле. Ошол себептен шайлоонун жыйынтыгын алдын ала айтуу мүмкүн болду."

Аны менен атаандаш күчтүн өлкөдө бар экенине карабай каримовдук авторитардык режим аларды марага чукул жолотпос эле дейт Борбордук Азия боюнча эксперт Дмитрий Верхотуров:

"Оппозициялык талапкерлер тизмеге илинбей калышты, бирок каттоого алынганда деле алар (Каримовду - ММ) жеңип ийүүгө батынышмак эмес".

КАРИМОВ - ЖАНАЙЫЛДАЙ ЖАПЖАЛГЫЗ ЖОЛБАШЧЫ

Өзбекстанда жекшемби күнкү шайлоонун алгачкы ырасмий натыйжалары жарыяланды. Бийликтеги президент Ислам Каримов атаандаштарын чоң артыкчылык менен утуп алды. Бирок эл аралык бир катар байкоочулар шайлоону демократиялык талаптарга ылайык өткөн жок деп баалашты.

Шайлоонун ырасмий жыйынтыктары кечээ Ташкенде кечке маал жарыяланды. “Ислам Абдуганиевич Каримовго 13 миллион 8357 киши же жалпы бүллүтөн таштагандардын 88,1 проценти добуш берди”,- деп айтты борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Абдусаломов.

Каримовдун калган үч атаандашы баары биригип сегиз процентке жетпеген добуш алышты. Добуш берүүгө он алты миллиондон ашуун шайлоочунун 90 процентке жакыны катышты. Ырасмий өкүлдөр муну мурдагы көрсөткүчтөрдөн кыйла аз дешет.

Кандай болгон күндө да Каримов дагы жети жыл өлкөнү башкарууга мандат алды.Ден соолугу эле жолтоо болбосо, 2014-жылы ал бийликте турган чейрек кылымдык мааракесин белгилейт. Бу жагынан эми ага региондо теңтайлашса бир гана казак президенти тең келиши ыктымал.

Шайлоонун жүрүшүнө эл аралык байкоочулар көз салышты. Адаттагыдай эле КМШлык жана ОБСЕлик өкүлдөрдүн баасы эки ачакей чыкты. Биринчилери шайлоо “эркин, адилет жана ачык өттү”, ал “өлкөнүн турмушун мындан ары да демократиялаштыруунун маанилүү фактору болуп калды” деп баалашты.

Европада коопсуздук жана кызматташтык уюмунун өкүлү Урдур Гуннарсдоттир болсо “шайлоо бийликтердин катуу саясий көзөмөлү астында өткөнүн, оппозициялык күчтөр ага катышуу үчүн тең бирдей мүмкүнчүлүк албаганын” белгиледи. “Өзбекстан демократиялык шайлоо өткөрүү жагынан уюм алдындагы милдеттенмелеринин көбүн аткара алган жок”,- деп кошумчалады ал.

ОБСЕлик байкоочулар ошону менен бирге айрым бир оң жылыштар байкалганын, бирок аларды да талапкерлер өздөрү жокко чыгарып салганын айтышты. Мисалы, Гуннарсдоттир дурус кадам катары бул жолу шайлоого төрт атаандаш чыкканын атады. Ошол эле учурда кандидаттар өздөрү бийликтеги президент үчүн үгүттөшүп, шайлоочуларга иш жүзүндө эч кандай алтернатива калтырышкан жок.

Өзбекстандагы шайлоонун натыйжаларын комментариялап, Москвадагы Карнеги борборунун илимий кеңешинин мүчөсү Алексей Малашенко жети жылдык мөөнөткө кайра шайланган Каримовдун саясий келечеги кантсе да бүдөмүк экенин белгиледи. Каримовдун башка президенттердей не ишенген кланы, не ордун басат дегидей бакма “мураскери” жок, олуттуу огожого жарабаса да кыйчалыш кезеңде сокур тоом өбөк болгудай саясий “бүлөсү” да жок. Ушул мааниде алганда өзбек президенти жанайылдай жалгыз калган авторитардуу жолбашчыга окшошот. Ошондуктан “Каримов жакынкы келечекте чет жактардан активдүү жөлөк издегенге аргасыз болушу мүмкүн, болгону кайсы чет жакка ал ынтыгын салат, кеп ушунда”, - дейт россиялык эксперт.

ӨЗБЕКСТАНДАГЫ ШАЙЛООДО КАРИМОВДУ ДАГЫ ШАЙЛАТЫШТЫ

Өзбекстандагы президенттик шайлоодо бийликти 18 жылдан бери колунан чыгарбай келаткан Ислам Каримовду мамлекеттик машина дагы бир ирет шайлатышты деген пикирлерди кыргызстандын тургундары айтышууда. Бул ирет ага үч атаандаш- Өзбекстан элдик-демократиялык партиясынан Аслиддин Рустамов, «Адолат» социал-демократиялык партиядан Дилорам Ташмухамедова, демилгечи шайлоочулардын атынан Акмал Саидов чыгышканын коомчулуктун көңүлүн жазгыруу ыкмасы катары баалагандар бар. Кыргызстандык атуулдар да өз пикирлерин билиришүүдө.

Шайлоого жалпы тизмеге кирген калктын 90,5 пайызы добуш берүүгө катышканын, алардын айрымдарынын гана добуштарын эсепке албаганда, жалпы шайлоочулар Ислам Каримовду колдоп беришкенин расмий Ташкен жарыя кылды.

Өзбекстанда президентке чыныгы атаандаш боло тургандар жарышка түшпөгөнүн, натыйжасы мурда эле анык болуп калганын саясат таануучу Орозбек Молдалиев да ырастады.

“Президент шайлоо бийлик каалагандай жыйынтык менен өткөнүн, коңшу катары анын натыйжасын таанууга аргасызбыз,”- дейт тарых илимдеринин кандидаты, Улуттук телерадио корпорациясынын мурдакы жетекчиси Кыяз Молдокасымов.

“Өзбекстандагы президент шайлоонун жыйынтыгы боюнча Ислам Каримов бийлигин дагы жети жылга узартып алаары белгилүү болчу, себеби аны Орусия колдоого алып келүүдө,”- дейт бишкектик Нарынбек Сейитбеков.

Өзбекстан бийлиги демократиялык маанайда өттү деп жарыя кылып жаткан шайлоо аркылуу президент Ислам Каримов өз бийлигин дагы 7 жылга узартып алды. Бирок байкоочулардын баамында, Өзбекстанда сөз эркиндиги жок, адам укуктары тебеленип, өкүмзарлыктын айынан караламан калк Орусияга, чет өлкөлөргө көчүп кетүүгө аргасыз болушууда.

“Негизинен Ислам Каримовдун жеңерин эбак эле анык болчу. Мындан ары деле баштатан келаткан башкаруу формасы улантылат. Ал жакта элдин жашоосу кыйын. Жакырчылык, диктатура өкүм сүргөн өлкө. Өзбектердин көбү аргасыздан Орусияда кордук көрүп жашап жатышат”,- деди бишкектик Абай Акматов.

“Өзбекстанда нанга кезекке туруп жетпей калгандарды өз көзүм менен көргөм. Ислам Каримовдун ордуна жаштардан, демократтардан шайланса дурус болмок, -дейт Бишкектин тургуну Асылбек Жолдошевдин

Өзбекстандын Фергана шаарындагы укук коргоочу Абдусалам Эргашевдун айтымында, президент шайлоо мыйзам бузуулар менен өтүп, “участкалык шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү “Ислам Каримовдун тушуна белги койгула” деп көрсөтүп жатышты”.

ӨЗБЕКСТАНДА ШАЙЛОО ӨТТҮ, КАРИМОВ КАЛДЫ

Өзбекстанда бүгүн кечээ күнкү шайлоонун алгачкы жыйынтыктары белгилүү болот. Байкоочулар азыркы мамлекет башчысы Ислам Каримовдун дагы жети жылга бийликте калганынан күмөнсүнгөн эч ким жок дешет. Борбордук шайлоо комиссиясы добуш берүү учурунда мыйзам бузулган фактылар катталбаганын маалымдады. Ал эми бир катар оппозиционерлер менен укук коргоочулар кечээги шайлоо эркин да,адилет да болгон жок деп билдиришти.

Борбордук шайлоо комиссиясы ырастагандай, кечээ жалпы шайлоочулардын токсон проценттен ашууну добуш беришти. “Шайлоо демократиялык нормалардын жана конституцияда аныкталган принциптердин негизинде өттү”,- деп билдирди комиссиянын төрагасы Абдусаломов.

Президент Ислам Каримов кечээ бүллүтөн таштап чыккан соң адамдар эмне үчүн добуш беришерин жакшы билерин айтып, ошентсе да алар эртеңки күн, өлкөдөгү тынчтык, өнүгүп-өсүү үчүн добуш берип жатканын баса белгилеп, тактап өттү.

Ислам Каримовго быйыл үч талапкер атаандаш болду. Үчөө тең анчейин белгисиз адамдар. Анын үстүнө үчөө тең үгүт өнөктүгү маалында өз тарапкерлерин президент Каримов үчүн добуш берүүгө үндөштү.

Айрым жерлерде добуш берүүгө атайылап келбегендер да болду.Бухара шаарынын тургуну Момиржан Азимов, мисалы, үйбүлөсү менен шайлоого бойкот жарыялашканын айтып, анткени өлкөдө мыйзам дегенди көзүнө илген эч ким жок, бийликтер өз билгенин жасашат, добуш бергениң,бербегениң эчтеме чечпейт деп билдирди.

Борбордук шайлоо комиссиясы добуш берүү учурунда мыйзам бузуу фактылары катталбаганын ырастады. Бирок укук коргоочулар башкача маалыматтарды айтышты. Ферганалык Абдусалом Эргашев шайлоо жайларынын биринде болуп, адамдар үйбүлөсү үчүн да үргүлжү бүллүтөн алып, добуш берип жатканын көргөнүн,урналардын жанына шайлоочуларга кантип туура добуш берүү керектигин,б.а. Каримовго кантип бүллүтөн салууну ачык үйрөтүп турган атайын адамдар коюлганын кабарлады.

Ушундай эле көрүнүштөр тууралуу Жизак шаарынын тургуну Бохтияр Хамраев да билдирди. “Бардым,байкап көрдүм,шайлоону таза катуу көзөмөлдөп турушат, адамдар үчтөн-төрттөн, а кээде беш-алтыдан бүллүтөн таштап жатышат”,- деп айтты ал “Азаттыктын” кабарчысына телефон аркылуу.

Шайлоонун жүрүшүнө эл аралык байкоочулар да көз салышты. Алардын эң көбү –сексенге жакыны КМШ өлкөлөрүнөн келишти. Ал эми Европа коопсуздук жана кызматташтык уюмунан болгону 26 байкоочу чакырылды. Чет элдик журналисттер өлкөгө киргизилген жок. Кала берсе россиялык биринчи телеканал да уруксат алалбады.

Мамлекет мандатын утуп алган киши бу жолу жети жылга президент болот. Бул үчүн шайлоочулардын теңинен ашык добушун алуу талап кылынат. Эгер эч ким бул чектен аша албаса, анда көп добуш алган эки талапкер шайлоонун кийинки айлампасына чыгышат. Бирок байкоочулар Өзбекстанда мындай болору дегеле мүмкүн эмес дешет.

ӨЗБЕКСТАНДАГЫ ШАЙЛООДО КИМ УТАРЫ ДАЙЫН

Өзбекстандагы президент шайлоодо кимдин мөрөйү үстөм чыгарынан эч ким шек деле кылбаса керек. Коммунисттик замандан бери бийликти колунан чыгарбай өлкөнү жалгыз өзү башкарып келаткан Ислам Каримовго бул ирет үч атаандаш - Өзбекстан либерал-демократиялык партиясынан Аслиддин Рустамов, социал-демократиялык партиядан Дилорам Ташмухамедова, демилгечи шайлоочулардын атынан Акмал Саидов чыгууда. Түшкө чейин эле тизмеге кирген шайлоочулардын 60% жакыны жарандык укугун пайдаланышканы кабарланды.

Ал эми көтөрүңкү көрсөткүч кандайча жана кантип жер-жерлерде жасалып жатканын Өзбекстандын Фергана шаарындагы укук коргоочу Абдусалам Эргашев бүгүн эртең менен өз көзү менен көрүп келген. Негедир апачык мыйзам бузуулар участкалык шайлоо комиссияларынын баамына илинген эмес.

- Бир нече адам көп кишилердин атынан келип добуш бергендерин көрдүм. Мындан тышкары ошол шайлоо үкөктөрүнүн алдында бир аял, бир эркек отуруп алып шайлоо бүлетендеги кимдин аты-жөнүнүн тушуна сызыкча коюшту үйрөтүп туруптур. Ислам Каримовдун тушуна белги койгула деп айтып жатышат.

Ушундай эле көрүнүштөр Өзбекстандын Жизак облусунда кенен-чонон орун алганын укук коргоочу Бахтиер Хамраев да ырастайт.

- Мени санаага салганы – адамдар экиден, үчтөн, төрттөн, алтыдан шайлоо бүлетендерин таштап атышкандары болду.

Президент шайлоо карапайым адамдар катышса деле, катышпаса деле баары бир бийлик каалагандай жыйынтык менен өтөрүнөн шек кылбаган Сырдарыя облусундагы фермер Мамуржан Азимов үй-бүлөсү менен добуш берүүдөн баш тартышкан. Анын себеп-жөнүн Мамуржан Азимов мындайча чечмеледи.

- Себеби биздин коомубузда болуп жаткан укук бузуулар, үстөмдүк кылуулар, адилетсиздик көбөйүп баратканына нааразылыгыбызды билдиргенбиз.

Ташкен облусундагы укук коргоочу Улугбек Усманов шайлоого катышып өз добушун Акмал Саидовго берген.

- Анын программасы мага көбүрөөк жакты. Асыресе коомду демократташтыруу, жарандардын укуктарын коргоо тууралуу айткандары мени ынантып, башка атаандаштардын ичинен аны көбүрөөк макул көрдүм.

Шайлоочулар арасында азыркы президент И.Каримовду жактап добуш бергендер да бар экенин сурамжылар көрсөтүүдө. Бүгүнкү шайлоонун жыйынтыгы боюнча ал өкүмдарлыгын дагы жети жылга узартып алары турулуу иш.

Бул күнү Бишкектеги Өзбекстан элчилигинин алдында шайлоо участогу уюштурулуп, бирок да ага келип-кеткен кишилер өтөле аз болду. Шайлоо участогуна журналисттер киргизилген жок. Участкалык шайлоо комиссиясы шайлоо тууралуу эч кандай маалымат бербеди. Өзбекстан бийлиги демократиялык деп эмитен эле сыпаттап жаткан шайлоо аркылуу азыркы президент өз бийлигин дагы 7 жылга узартып алат, дейт Бишкектеги Чыгыш университетинин Орто Азия кафедрасынын башчысы Аскар Медетов.

- Негизинен Ислам Каримовдун жеңерин божомолдосок болот. Жеңет деп болжол менен чечим чыгарса деле болот, албетте. Бирок да мындан ары деле баштатан келаткан башкаруу формасы улантылат деген ойдомун.



Шайлоого жалпы тизмеге кирген калктын дээрлик баары добуш берүүгө катышары, алардын айрымдарынын гана добуштарын эсепке албаганда, жалпы шайлоочулар жабылып И.Каримовду колдоп чыгышканын расмий Ташкен жакын арада жарыя кылары толук ыктымал.

ӨЗБЕКСТАНДА ПРЕЗИДЕНТТИК ШАЙЛОО ӨТҮП ЖАТАТ

18 жылдан бери бийликте турган президент Ислам Каримов үчүнчү жолу жети жылдык мөөнөткө шайланат деп күтүлүүдө. Шайлоо комиссиясы түшкө чейин 16 миллион 200 миң шайлоочунун дээрлик 60 пайызы шайлоого катышты деп маалымдады.

– Жергиликтүү убакыт боюнча саат он экиге карата каттоого алынган шайлоочулардын 59,8 пайызы добуш беришти. Бул сандар бизге шайлоо өттү деп жыйынтык чыгарууга мүмкүнчүлүк берет,- деп айтты Өзбекстандын Борбордук шайлоо комиссиясынын маалымат кызматынын жетекчиси Низомиддин Нурматов "Азаттыктын" өзбек бөлүмүнө.

Келерки айда 70 жашка чыгып жаткан Каримовго каршы үч талапкер ат салышууда. Ал талапкерлер көрсөтмө үчүн гана катышып жаткандыгында шек жок, себеби алар Каримовдун жактоочулары катары таанымал жана президентти ачык эле мактап-жактаган билдирүүлөрдү жасашкан.

Каримовдун кайра шайланууга мыйзамдык укугу бар экендиги ачык суроо, себеби өзбек конституциясы боюнча президент экиден ашык мөөнөткө шайлана албайт. Каримовдун экинчи мөөнөтү быйыл жылдын башында аяктаган эле, анын кайра шайлоого катышуу ниетин бийликтер эмне үчүн колдогону тууралуу түшүндүрүү берилген жок.

Каримов өз кызмат мөөнөтүн буга чейин эки ирет 1995-жылы жана 2002-жылы референдум аркылуу узартып алган. Бүгүнкү шайлоонун алдында Каримов чет элдик дипломаттарга Өзбекстанда эркин жана гүлдөгөн жашоо болушун кааларын айтты.

Бирок укук коргоочу Хьюман Райтс Уотч уюму ушул жумада эркин жана акыйкат шайлоого шарт жок экендигин эскерткен. Британиянын BBС корпорациясы Өзбекстанда шайлоону чагылдырууга уруксат ала албагандыгын маалымдады. Өлкөдө Европадагы коопсуздук жана кызматташттык уюмунун 21 кишиден турган байкоочулары иштеп жатат. Бирок уюм "шайлоо чектелүү мүнөзгө ээ болгондуктан", ар тараптуу жана кеңири байкоо жүргүзүүдөн баш тарткан.

Шайлоонун алдын ала жыйынтыгы эртең билинет. Мыйзам боюнча, шайлоо мезгилинде санак жүргүзүп, анын жыйынтыгын болжолдоого тыюу салынган.

ҮЧ ТАЛАПКЕР, БИР ЖЕҢИШКЕР

Өзбекстанда жекшемби күнү өткөрүлгөнү жаткан президенттик шайлоого кайрылышкан чет элдик басылмалар саясий жарышта ким жеңерине эмес, негизинен бул жолку өнөктүктүн мурдагыдан “өзгөчөлүү” жактарына көңүл буруп жатышат. Баяндамачылардын баамына бир топ кызыктуу жагдайлар урунган.

Британдык The Times, мисалы, бири кем жетимиш жаштагы Ислам Каримов жекшемби күнү жети жылга шайланганы жатканына көңүл буруп, мындан бир нече жыл мурда оңдоп-түзөтүлгөн өзбек конституциясы буга жол бербей турганын эске салат. Бирок бул пикирдин туура эместигин гезиттин кабарчысына өлкөнүн борбордук шайлоо комиссиясынын өкүлү: “Бизде мурда жети жылдык мөөнөт болгон эмес. Эгер мамлекет башчысы жекшемби күнү жеңип чыкса,анда бул анын экинчи мөөнөтү болот”, - деп түшүндүргөн.

Ушул эле басылма быйылкы шайлоо өнөктүгүнүн дагы бир өзгөчөлүгү катары Каримовго бу жолу үч атаандаш чыкканын көрсөтөт. 2000-жылы аны менен мандат талашка бир гана киши түшкөн эле. Бул фактыны чечмелеп, президент кеңсесиндеги саясий билермандар жабыла: “Каримовго теңтайлаштар көбөйүп жатканы Өзбекстанда демократиянын айныксыз өнүгүп баратканын көрсөтөт”, - деп айтышкан.

Deutsche Well эмдиги президент ким болору күн мурунтан белгилүү болгон соң Өзбекстанда шайлоо өткөрүүнүн кандай кажети барлыгына кызыгып,айрым эксперттерге кайрылган. Алардын бири бу шайлоонун чындап келгенде калк үчүн эч кандай мааниси жоктугун белгилеген. “Ташкенге баарыдан мурда Каримовдун бийликте калып жатканын жалпы дүйнөдө кабыл алынган эреже-салттарга ылайыкташтырып легитимдештирүү зарыл. Башкача айтканда, шайлоодо бир нече атаандаш болушу керекпи? Керек. Алар эл менен жолугушушу абзелби? Абзел.Болду! Бийликке ушул процедура гана керек. Калганы аларды караманча кызыктырбайт”, - деп айткан Deutsche Well кепке тарткан эксперт.

Прагада чыгуучу Transitions Online басылмасы бул жолу Каримовдун талапкерлигин мурдагыдай эл өзү же калк курултайлары эмес, либерал-демократтар партиясы көтөргөнүн, ага жараша президент да журт алдында “турмуштун бардык чөйрөлөрүн мындан да ыкчамдатып либералдаштырганга” сөз бергенин эске салат. Чындыгында болсо Каримов “темирдей бекем муштумуна, жаалы катуу режимине таянып, каратып туруп калктын көзүн будамайлаган” ыкмалар аркылуу кайра жеңип чыкканы жатат, деп жазат басылма.

Өзбекстандагы шайлоо темасына россиялык гезиттер да кайрылышууда. Алардын бириндеги макала “Үч талапкер, бир жеңишкер” деп аталат. Ташкендик көз карандысыз журналист Хамидолла Норбеков мамлекет башчысынан мандат талашканга батынган талапкерлерди тек гана бийликтин тапшырмасын аткарып жаткандар деп эсептейт. “Алар солдаттар сыяктуу айтылган командадан чыга алышпайт, -дейт Норбеков. - Каримовдун натуура иштерин айта алышпайт, кемчиликтерин сындай албайт. Өзбекстанды ушул абалга Каримов алып келгени тууралуу ооз ача алышпайт. Ошону үчүн алар: “Мен өзүм да Каримовго ишенем, силерди да Каримов үчүн добуш берүүгө чакырам!”-деп айтып жатышпайбы”.

“Азаттыктын” кабарчысына Жизак шаарынын тургуну Мамиржан: “Эл ичинде бир гана пикир - добуш бересиңби, бербейсиңби, ага карабай Каримов шайланып бүттү деген бүтүм кеңири жайылган, эгер дагы бир мөөнөткө калса турмуш оңолуп кетер деп ойлогон дегеле эч ким жок”, - деп билдирди.

КАРИМОВ КАЙРА ПРЕЗИДЕНТ БОЛОТ

Алдыдагы жекшембиде Өзбекстанда президент шайланат. Бу кызматта кайрадан Ислам Каримов каларынан эч кимдин кадиги жок. Байкоочулар саясий өнөктүк бу жолу деле режимдин оппоненттерине каршы уюштурулган репрессиялык чаралардан башка эчтемеси менен айрымаланган жок дешет.

Азыркы өзбек конституциясы бийликте турган президентке келерки мөөнөткө кайра шайланганга уруксат бербейт. Бирок Каримовду конституцияны көзүнө илбей жатканы үчүн айыптап, анын кызматтан кетишин талап кылган бухаралык акын Юсуп Жума өзү айыпка жыгылып, декабрдын башында камалды. Акындын аялы менен эки небересин коопсуздук кызматтары кайсалап үйүнөн таппай калышты. Алардын кайда экени алиге чейин белгисиз.

Тилин тартпагандардан чочулашкан бийликтер маалымат каражаттарын да цензурага алышты. Интернет сайттары атайын күчтөрдүн күндүр-түндүр көзөмөлүндө турат. Бүт өлкөдө, өзгөчө ири шаарларда, Ташкенде андан бетер милиция күчөтүлгөн режимге өткөрүлдү.

Каримовдун Жизакта шайлоочулар менен кантип жолугушканын жергиликтүү тургундардын бири мындайча сүрөттөп берди: ”Шаар ичинде кыбыр эткен кыймылдын баары токтотулду. Ички иштер министрлиги менен коопсуздук кызмат бөлүктөрү көчөлөрдү чычкан мурду жөргөлөгүс кылып курчап турушту. Каримов менен жолуга тургандарды жети катар темир текшергичтерден өткөргөн соң гана жыйын болчу имаратка киргизишти”.

Каримов өз шайлоочулары менен бардык шаарларда ушундай маанайда жана тартипте жолугушканын өлкөдөгү жагдай менен таанышканы барышкан эл аралык байкоочулар да ырасташат. Дүйнөлүк CIVICUS жарандык коом альянсы таркаткан докладда шайлоого бир нече апта калганда Өзбекстанда репрессиялар өзгөчө күчөгөнү, баскан-турган адамдар такай текшерилип, аларды коркутуп-үркүткөн учурлар көбөйгөнү айтылат.”Биздин изилдөөлөр көрсөткөндөй, Өзбекстандагы кырдаал өтө коркунучтуу экен, айрыкча жарандык коом үчүн жагдай жүрөк түшкүдөй бар экен”,- деп билдирди CIVICUS программасынын жетекчиси Клэр Дуб “Азаттыкка”.

Ырасмий Ташкен Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунан шайлоого байкоо жүргүзгөнү отуз кишиге гана уруксат берди, алардын Өзбекстанда болуу мөөнөтүн эки жума менен чектеди. Өлкөдөгү бардык мейманканалар чет элдик журналисттерге бир аптага гана конолго бергенге көрсөтмө алышты.

АКШнын мамлекеттик департаментинин демократия,адам укуктары жана жумушчу күчтөр боюнча бөлүмүнүн өкүлү Эрика Баркс-Рагглес добуштардын жыйынтыгы кандай болорунан эч ким шек санабай турганын, шайлоо процесси эл аралык стандарттарга төп келери тууралуу дегеле сөз кылуу кажети жоктугун билдирди.

Деген менен КМШлык байкоочулар тобу жекшемби күнкү процесске жогору баа берери күн мурунтан эле белгилүү дешет. Буга байланыштуу Британиянын Ташкендеги мурдагы элчиси Крэйг Мюррей: “Азырынча Кытай менен Россия колдоо көрсөтүп турганда Каримов Батышка муктаж эместигин билет, Путин сыяктуу эле бийликте калуунун жолдорун издейт, бул процесс сөзсүз уланат”,- деп билдирди. Мюррей ошондой эле Каримов кайра шайланган соң Өзбекстан Батыш өлкөлөрүнүн дагы катуу изоляциясында калышы мүмкүн экенин да кошумчалады.

ӨЗБЕКСТАНДА КАЙРА ЭЛЕ ИСЛАМ КАРИМОВДУН ДООРУ УЛАНЧУДАЙ

Ушул жекшембиде, 23-декабрь күнү, Өзбекстанда президенттик шайлоо өтөт. Анда үчүнчү ирет өлкө башчылыгына 18-жылдан бери бийликте олтурган Ислам Каримов да ат салышмакчы. Кыргызстанда жашаган өзбекстандык качкындар мекениндеги шайлоого карата кандай пикирде? Коңшулаш мамлекетте боло турган добуш берүү тууралуу кыргызстандык саясат таануучулар эмне дешет?

Өзбекстандын Баш мыйзамында бир адам үч жолу катары менен президент боло албай турганы айтылганы менен, президент Ислам Каримовдун бул жолу да мамлекет башчы болууга аттанып чыгышын өлкөдө эч ким деле сынга алган жок. Бир чети, оппозициянын мен деген лидерлери же камалган, же өлкөдөн качып кетүүгө мажбур болушкан. Ал эми чет-өлкөлүк байкоочулардын саны да мүмкүн болушунча кыскартылган. Бул жолу аны менен ат салышууга бел байлап жаткан башка үч саясатчы да Ислам Каримовдун талапкердигин ачык эле колдошот. Ошон үчүнбү, айтор, бул жолку шайлоо ачык-айкын өтөөрүнө ишенгендер аз. Өзбекстандык саясий качкын Улукбек Бакиров ушундай ойдо.

- Укуктук жактан алганда, азыркы президент дагы жети жылга президенттикте калышы такыр мүмкүн эмес. Андай болушу үчүн Конституция өзгөртүлүшү керек эле. Баш мыйзамга деле өзгөртүүлөр ой келди киргизиле бербейт. Азыр Каримов жети жылдан эки ирет шайланды, дагы шайланышы – бул мыйзамсыз.

Анткен менен кыргызстандык саясат таануучу Токтогул Какчекеев Ислам Каримов бийликте калышы керек деп эсептейт. Анын пикиринде, учурда Өзбекстанды Каримовдон башка эч ким алдыга жетелеп кетүүгө кудурети жетпейт.

- “Демократия!”, “тигиндей, мындай” дегенибиз менен, мамлекеттин стабилдүүлүгүн кармаганга күчтүү, эрктүү, көзү ачык саясатчы керек. Андай адам – Ислам Каримов.

Какчекеевдин ишениминде, Каримовдун дагы бир жолу президенттикке аттанып жатканы мыйзамга туура келбейт дегендин өзү да туура эмес. Анткени мыйзамдагы ал учурларды кантип айланчыктап өтүүнү коңшулаш мамлекеттер үйрөтүп жатышат.

- Ислам Каримовдун кайра президенттикке ат слышына жол бар, анткени Казакстан, Кыргызстан, Түркмөнстан өздөрүнүн саясатынын мисалында ал жолду көрсөтүп жатышат. Бул жерде жалгыз гана В.Путин андан баш тартып, Орусияны Европанын деңгээлине жеткирүүчү, анын аброюн көтөрүүчү жол менен кетти, - деди саясат таануучу Токтогул Какчекеев.

Келерки жылы январдын этегинде Ислам Каримов 70 жашка чыгат. Андыктан ал бул жолку шайлоодо да жеңип чыкса, жети жылдык президенттик мөөнөтүн толугу менен аткара алабы деген суроолор жаралууда. Анткени “Каримов ден-соолугу начарлап жүрөт жана шайлоодон кийин эле чет-өлкөгө дарыланганы кетет” деген имиш сөздөр айтылып жатат.

АШХАБАДДА АЛДЫН АЛМА ДИПЛОМАТИЯ БОРБОРУ АЧЫЛДЫ

12- декабрда Улуттар уюму Түркмөнстанды нейтралдуу өлкө катары тааныганына он эки жыл толууда. Бул датаны утурлай Ашхабадда Улуттар уюмунун алдын алма дипломатия борбору ачылды.

Улуттар уюму белгилегендей, Ашхабадда 10-декабрда ачылган борбор Түркмөнстан, Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан жана Өзбекстан өкмөттөрүнө талаш – тартыштарды тынчтык жолу менен чечүүсүнө мүмкүнчүлүк түзүүдө, диалогду өнүктүрүүдө, долбоорлор менен демилгелерге эл аралык колдоо табууда жардам берүүнү көздөйт. Ага катар наркосоодага, уюшкан кылмыштуулукка, экстремизмге каршы күрөшүү аракеттерин координациялоо максаты бар. Борборду Улуттар уюмунун атайын өкүлү жетектейт. Баштапкы бюджети 2,3 миллион доллар, анда эл аралык кызматкерлердин чакан тобу иштейт. Түркмөн президенти Гурбангулу Бердымухаммедов борбордун ачылыш салтанатында буларга токтолду:

-Тарых, анын ичинде азыркы тарых дипломатия түрдүү формалар менен көрүнүштөрүндө чыр-чатактар менен согуштарды алдын алууда олуттуу фактор болгонунун аз эмес мисалдарын билет.

Алдын алма дипломатия борборунун ачылышына чет өлкөлүк расмий адамдардын, анын ичинде апта башында Түркмөнстанга иш сапары менен келген тажик президенти Эмомали Рахмон, Казакстан, Өзбекстан, Ирандын тышкы иштер министрлери, кыргыз тышкы иштер министринин орун басары, ошондой эле бир катар аймактык уюмдардын расмий өкүлдөрүнүн катышуусу бул окуянын маанилүүлүгүн көргөзгөндөй болду. БУУнун башкатчы Пан Ги Мундун атынан анын саясий маселелер боюнча орун басары Линн Паско сөз сүйлөп, буларды белгиледи:

-Бир нече жылга созулган кылдат консультациялар жана сүйлөшүүлөрдөн кийин бул окуя жогорку кызматташтык жана достук маанайы менен жаралды. Бул - Улуттар уюму менен Борбор Азия өлкөрү ортосундагы өнөктөштүктүн жаңы бөлүгүнүн башталышы.

Жакынкы тарыха кайрылсак, 1990-жылдардын орто ченинде Тажикстанда жарандык согуш орун алган эле. Андан соң террорчул топтор Тажикстан, Кыргызстан, Өзбекстан аймагына кол салган. Регионго согуш али басыла элек коңшу Ооганстандан апийимдин агылып келүүсү уланууда. Бул өз кезегинде апийимга азгырылгандардын санын көбөйтүп, чөлкөмдөгү өлкөлөрдүн калкынын саламаттыгына да таасирин тийгизип жатат.

Келечектеги ыктымал, анын ичинде суу маселесине байланышкан талаш –тартыштарды алдын алуудан тышкары ушул өңүдүү проблемаларды чечүү олуттуу милдет экени шексиз. Улуттар уюму Шанхай кызматташтык уюму сыяктуу аймактык бирикемелер алардын Ашхабаддагы борборунун вазийпасын аткаруусуна жардам берет деген үмүттө экенин жашырган жок.

12-декабрь -Түркмөнстан Улуттар уюму тарабынан нейтралдуу өлкө катары таанылганын он экинчи жылдыгы. Борбор Азия өлкөлөрүнөн тышкары Иран менен Түркия да кирген Экономкалык кызматташтык уюмунун башкатчысы Хуршид Анвар алдын алма дипломатия борборунун Ашхабда ачылышынын бир жүйөөсүн өлкөнүн ушул макамына байланыштырды:

-Ал ( Түркмөнстан) аймактын борборунда жайгашгандыгы, нейтралдуулук саясаты анын бул ролуна толугу менен шайкеш келүүдө жана бекемдеп турат.

Ал эми мурдагы президент Сапармурад Ниязовдун өзүн- өзү изоляциялоо саясатынан жаңыдан кутулуп жаткан Түркмөнстан үчүн БУУнун борборунун ачылышы өлкөнүн эл аралык беделин көтөрүүгө олуттуу салым кошчу көрүнүш.

КАЗАКСТАНДА АЧАРЧЫЛЫК ЖЫЛДАРЫ КАЛКТЫН ТЕҢ ЖАРЫМЫ КЫРЫЛГАН

Казакстан - азыр ооматы жүргөн,оокаттуу өлкө. Бирок мындан 75 жыл илгери абал башка болчу. Отузунчу жылдардагы ачарчылык маалында бир миллиондон ашуун киши кыргынга учураган. Улуу апаат заманын эски совет республикаларынын көбүндө алиге чейин эскерип жүрүшөт. Казак өкмөтү болсо ачарчылык кезеңдин унутулган курмандыктары менен бирге эл ичинде калган элес-издерин да аң-сезимден өчүргүсү келет шекилденет. Бери эле дегенде бул темадагы сөөмөт сөздөр, сунуш-ойлор ырасмий деңгээлде капарга алына элек.

Алматыдан ат чабым жерде турган Самсы кыштагы бүгүн шаардыктарды коон-дарбыз,жашылча-жемиш менен жабдып турган фермерлердин байтагы саналат. Бирок бу жерде жыл сайын эрте жазда кош айдаган кезде буурсундун тишине илинип адамдардын сөөк-саактары чыгат. Ачарчылык жылдары бу айыл боо түшкөндөй кырылган адамдардын бейити болгон дешет.

Ал эми Ойыл айылы Казакстандын батыш ыптасында – Россияга жуук жерде турат. Бу кыштакты да жергиликтүү адамдар ачарчылык кезеңден калган өзүнчө эле бир массалык кабыр катары санашат. Айылдын тургуну Курал Токмурзин каат жылдарды көргөн эмес, бирок ата-энесинен, улуу муундагы укумчул адамдардан уккандары көңүлүндө өчпөс элес болуп бекем уюп калды.

...1967-жылы айылда маданият үйүнүн курулушу пландалып, имараттын жерпайы казыла баштайт. Экскаватордун чеңгели сүзгөн жерден эле шыгырап жаш балдардын сөөк-саагы чыгат. Муну укканда Куралдын апасы чучуктай чыңырып,эс-учун жоготуп коет. Көрсө, дал ушул жерге миң чакты бала менен кошо Куралдын бир тууган агасы менен эжеси көмүлүптүр. Колхоз бийликтери айылдагы балдардын баарын чогултуп, өз карамагына алган экен, бирок алардын бир да ачарчылыктан аман калбаптыр. Мындай мүшкүлгө Казакстанда дээрлик ар бир айыл-кыштак туш болгон дешет...

Казак университетинин профессору Талас Омарбеков совет мезгилиндеги архив материалдары менен таанышканга 1980-жылы уруксат алат. Көөнө документтердеги фактыларга таянып,ал ачарчылык жылдары бир миллиондон ашуун киши кырылган деп айтылып жүргөн ырасмий маалыматтарды төгүнгө чагырды. Профессордун эсебинде, жалгыз казактардын чыгымы эле 2 миллион 300 миңден ашат. Аларга башка улуттарды кошкондо, Казакстанда ошо кезде жалпы калктын теңинен көбү кырылган. Түпкү улут башы бапан, аягы сапан болуп, коңшулаш республикалар тургай Иранга,Кытайга, Монголияга чейин тентип-тербип кетишкен. 1959-жылдагы эл каттоодо эле казактардын саны республикадагы жалпы калктын 30 процентине жеткен эмес. Ачарчылык жылдары казактардын колундагы мал-жандыктын 90 процентин жут алган.

Ачарчылык апаатын казактар үчүн совет өкмөтүнүн тукум курут саясаты болгон деп санаганга толук негиздер барлыгына карабастан ырасмий Астана кайгы-касиреттүү бул окуяны эстегенден тайсалдап келатат. Учурунда улуу апаатта шейит болгондорго арнап, чоң бир эстелик тургузуу тууралуу сунуштар айтылган экен,алардын баары бийликтердин кулак сыртында калды. Азыркы өкмөт кокус бул тема Украинадагыдай ырасмий түрдө козголуп калса, казактар менен орустар арасына жик салышы ыктымал деп чочулайт. Казакстанда азыр орустар калктын отуз процентин түзөт.

Ар жыл сайын Аяз аталардын курултайы Кыргызстанда өтөт

Швециянын Sweco компаниясынын кызматкерлери Аяз ата же Санта-Клаус бүт дүйнөнүн балдарын жаңы жылы менен куттуктап чыгыш үчүн болжол менен Кыргызстанда жашашы керек дешет. Мына ушул кабардан кийин Кыргызстандын туризм жана маданият тармагынын жетекчилери «Аяз ата Кыргызстандын кайсыл аймагында жашайт?” деген сынак жарыялашты. Келечекте алар дүйнөдөгү Аяз аталардын курултайын Бишкекте өткөрүү демилгесин көтөрүп жатышат.

Жаңы жылдын алдында Швециянын Sweco компаниясынын кызматкерлери Аяз ата же Санта-Клаус бүт дүйнөнүн балдарын жаңы жылы менен куттуктап чыгыш үчүн болжол менен Кыргызстанда жашашы керек деген божомолу дүйнөлүк маалымат каражаттарында түрдүү пикирлерди жаратууда.

“Эгерде Кыргызстан жердин ортосу болсо анда Аяз ата Алатоо аймагында жашайт. Ошондо гана бүткүл дүйнөнүн балдарын жаңы жылы менен куттуктоого үлгүрөт эле”,-деген пикирлер да айтыла баштады. Мындай пикирди өлкөнүн маданият жана маалымат министринин милдетин аткаруучу Султан Раев дагы бекемдеп, ушул ыңгайда Кыргызстанды дүйнөгө таанытуучу иш-чараларды көрүүгө камылга башталганын билдирди.

Кыргызстанды “Туризмдин өлкөсү” деп жар салып келеткан өлкөнүн мамлекеттик туризм агентигинин жетекчисинин милдетин аткаруучу Турусбек Мамашев мындай жагдайды туура пайдалануу керектигин айтып, “мамлекеттик деңгээлде дүйнөлүк Аяз аталардын курултайын Бишкекте өткөрүп, алар дүйнөнүн ар тарабына балдарды жаңы жылы менен куттуктоого жөнөп кетишет. Бул иш чараны ар жыл сайын өткөрүүнү салтка айландырабыз“,-дейт Турусбек Мамашев.

Буга чейин шведдердин Sweco компаниясынын кызматкерлеринин эсептөөлөрүнө караганда Санта Клаус балдардын барына белек берүүгө жана жер шарын айланып чыгууга үлгүрбөйт, ошондуктан Аяз ата өз милдетин аткарыш үчүн ал Кыргызстандын аймагында жашашы керек деген божомолун айтып келишкен.

“Азаттык” үналгысына берген маегинде Sweco компаниясынын өкүлү Ребокко Гуннер айым “эгерде Аяз ата Кыргызстандан чыкса миллиондогон балдар жашаган Кытай, Индияны аралап, анан Батышты көздөй тездик менен жөнөйт эле. Жер шары айлангандыктан Аяз атанын балдарды куттуктоо үчүн 48 сааттык убактысы болмок”,-деген Ребокко Гуннер айым.


Аяз ата ар кайсы элде Санта-Клаус, Крисе Крингл, Шен Дань Лаожэнь, Йоулупукки, Корбобо жана башка деп түрдүү улуттук аталыштарда аталып келет.

Өлкөнүн мамлекеттик туризм агентигинин жетекчисинин милдетин аткаруучу Турусбек Мамашевдин айтымында Аяз атаны да кыргыздын улуттук кийимдеринин үлгүсүндө аземдүү кийиндүрүү зарыл.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG