Линктер

жекшемби, 21-июль, 2019 Бишкек убактысы 09:39

Борбор Азия

2008: Борбор Азиядагы кызматташтык абалы

"Азаттык жана Эркин Европа" радиосу маектешкен аймактык эксперттер 2008-жыл жогорку деңгээлдеги саммиттер, жыйындар болгонуна, эки тараптуу визиттер жасалганына карабай, аймактык кызматташтык үчүн эң начар жыл болгонун белгилешүүдө.

Жаңы жылга жаңы үмүттөрдү Борбор Азия аймагы менен бирге караганда, аймактын өкмөттөрү, саясий элитасы артта калган жылдары чече албай келген көйгөйлөр жаңы жылда жөнгө салынабы деген ой келет. Атап айтканда, чек арадан атуулдардын ары-бери каттоосунда уланып келе жаткан кыйынчылыктар менен кыйноолор, жарык менен суунун тартыштыгы чечилеби? Достук жана кызматташтык жөнүндөгү келишимдерге карабай, аймактын тигил же бул өлкөсүнүн чек араны бир тараптуу түрдө жабып салуусу, экинчи өлкөнүн коңшусунан келген мигранттарды күч менен депортациялоосу, суу башындагы жана аягындагы, ошондой эле аны өткөргөн өлкөлөр ортосундагы талаш-тартыштар, чек аралардын такталбай жатышы аяктаган жылды коштоо менен катар жаңы жылдын жана күн тартибине кирүүдө.

Аймактык кызматташтыктын арасат абалы үчүн жалгыз эле Өзбекстан күнөлүүбү ?

"Азаттык жана Эркин Европа" радиосу маектешкен аймактык эксперттер аяктаган 2008-жыл жогорку деңгээлдеги саммиттер, бир катар жыйындар өткөнүнө, эки тараптуу визиттер жасалганына карабай, чөлкөмдүк кызматташтык үчүн эң начар жыл болгонун белгилешүүдө. Казакстандык саясат таануучу Досым Сатпаев аяктаган жылдагы аймактык кызматташтыктын абалын мындайча мүнөздөйт:

- Жыл аймактык кызматташтык жагынан Борбор Азияда эле эмес, бүткүл постсоветтик аймакта эң начар болду. Эгер мисалы КМШны алсак, анын алкагында Орусия менен Грузиянын Кавказдагы согушунан кийин жаңы ыйкы-тыйкылык, кагылышуулар орун алды. Иш жүзүндө КМШ арасат, кандайдыр бир чачырап кетүүчүдөй абалда турат. Евразия экономикалык шериктештигинде болсо Өзбекстан мүчөлүгүн токтотту. Бул да кээ бир регионалдык долбоорлорго терс таасирин тийгизет. Борбор Азияда болсо суу, чек-арадагы талаш-тартыштар боюнча өз ара айыптоолор бул жылы көйгөйлөрдүн чоң топтомун жаратты жана эч ким азырынча аларды чечүү үчүн конкреттүү чараларды сунуш кыла элек. Демек бул жыл алдыга жылуунун эмес, бир орунду тебелөөнүн, айрым учурда артка кетүүнүн жылы болду дегенге кошулууга болот.

2008-жыл Борбор Азиянын ич ара кызматташтыгы үчүн эң начар жылдардын бири болду деген пикирлерге "Азаттык жана Эркин Европа" радиосунун аймак боюнча эксперти Брюс Панниер да кошулат:

- Мен бул жыл Борбор Азиянын чөлкөмдүк кызматташтыгы үчүн мен эстегенден эң начар жылдардын бири болду деп айтар элем. Мунун себеби негизинен жалгыз Өзбекстанга барып такалат. Иш жүзүндө Өзбекстан бул жылы аймактык альянстарга катышууну, мен айтар, элем жакшы коңшу болууну каалабасын көргөздү. Казак президенти Борбор Азия союзунун жаңы формасын ишара кылып, Кыргызстан менен Тажикстан ага көнгөндөй болду эле, өзбек президенти буга бүгүн эле эмес, эртең да кызыкпасын, дегеле бул маселенин кайрадан көтөрүлүшүн каалабасын ачыктады. Эки тараптуу алака башка маселе, бирок алар (Өзбекстан) Борбор Азиянын кызматташтыгын жакшыртуучу аймактык уюмдун бир бөлүгү болгусу келбей жатат. Бул чоң көйгөй болчудай. Анткени Өзбекстан - Борбор Азиянын калган өлкөлөрүнүн баары менен чектешкен жалгыз мамлекет.

Борбор Азиянын төрт өлкөсү менен катар Орусия жана Беларус кирген Евразия экономикалык шериктештигиндеги же ЕврАзЭстеги мүчөлүгүн Өзбекстан жыл соңунда – ноябрь айына барып токтотту. Эми жаңы жылда Өзбекстандын аскерий багыттагы түзүлүш - Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун (ЖККУ) чыгуу ыктымалдуулугу да жоромолдонууда. ЕврАзЭстен кеткенге чейин аяктаган жылдын апрелинде Казакстанда расмий сапар менен болгон учурунда өзбек президенти Ислам Каримов узактан бери айтылып келе жаткан демилге - Борбор Азия өлкөлөрүнүн союзу анын өлкөсү үчүн кабыл алынгыс экенин ачык эле айткан:

- Ар бир өлкө бул демилгеге ал кандай деңгээлде аймактын тигил же бул өлкөсүнүн кызыкчылыгына жооп берерине жараша аныктайт. Дароо эле билдиргим келет. Биз, Өзбекстан үчүн бул демилге кабыл алынгыс. Бул маселе боюнча чайкоочулуктар болбошу үчүн муну бир жолу жана биротоло айтып койгум келет. Эгер Кыргызстан мындай союзду Казакстан менен абдан эле түзгүсү келсе, менимче бул маселени эки өлкө гана чечүүсү керек.

Өзбек президенти апрелде Казакстанда болгон учурунда Ислам Каримов аймактык бирикмелерден майнап чыкпай жатканын да кошумчалай кеткен:

- 1998-жылы Борбор Азиянын экономикалык союзу түзүлгөн. Курамында башында үч өлкө бар эле, кийин Тажикстан кошулган. 2002-жылы Борбор Азиянын экономикалык союзу Борбор Азия шериктештигине айланды. 2005-жылы Борбор Азия шериктештиги да ишин токтотуп, ага кирген мамлекеттер Евразия экономикалык шериктештигине бирикти. Ушул он жылга эле байкоо салсак, биз муну басып өттүк, көп жыйындар болду, бул союзбу же шериктештикпи, аны жандандыруу боюнча көп калоолор, умтулуулар болду.

Ал эми ноябрда ЕврАзЭстин интеграциялык комитетине жолдогон катында, ал уюмдун ишинин натыйжалуулугунан күмөн санап, ага катар ЕррАзЭс өлкөлөрүнүн Орусия, Беларус, Казакстандын Баажы союзуна кирүү принциптерине макул эмес экендигин белгилеген болчу. Өзбекстандык саясат таануучу Ташпулат Юлдашев Өзбекстандын ЕврАзЭстен чыгуу себебин төмөнкү жагдайлар менен түшүндүрөт:

- Өзбекстан Түндүк Корея сыяктуу өзүн-өзү изоляциялоо жолунда бара жатат. Мындагы башкы себеп - Өзбекстандын экономикасы атаандаштыкка такыр жөндөмсүз. Себеби бюджетте отургандар же бюджетти жеген чиновниктер, товар өндүрбөгөндөрдүн жалпы саны ишке жарамдуулардын 60 пайызына чейин түзөт. Бул - катастрофалык абал. Өзбек элин иштегендердин 40%ы гана багууда. Мындай экономика менен өнүгүү мүмкүн эмес. Анткени эл аралык эсептөөлөр боюнча бюджетте отургандардын саны эмгекке жарамдуулардын 40 пайызына жетсе эле катастрофа деп саналат. Бизде экономиканын өнүгүүсү үчүн эч кандай мүмкүнчүлүк жок. Анткени Өзбекстан - ашыкча борборлоштурулган, ашыкча диктаторлошкон, бюрократиялык, директивалык ыкмалар менен гана башкарылган өлкө.

Ал эми кыргызстандык саясат таануучу Орозбек Молдалиев биз менен маегинде Борбор Азиядагы ич ара кызматташтыктын начардыгы үчүн жалгыз эле Өзбекстанды күнөөлөөгө макул эместигин айтты:

- Региондун өзүнчө союз түзгөнүн, региондун өзүнчө интеграцияланып кетүүсүн каалагандар аз чынында. Орусия ЕврАзЭс түзүлгөндөн кийин айтпадабы, баарыбыз бир союзда болгондон кийин Борбор Азиянын экономикалык союзунун эмне кереги бар деп, ал бирикме акырындык менен жоюлуп кетти. Анан эми Өзбекстанга келсек, өлкө президенти ЕврАзЭстин натыйжасыз уюм экендиги жөнүндө бир нече ирээт айткан. Андагы башка мүчө мамлекеттердин сунуштарын Орусия четке кагып жатпайбы. Маселе кыйла таталыраак. Өзбекстанды күнөөлөй коюш жеңил. Кээ бирөөлөр Өзбекстан дезинтегратор деген ат коюуп алып жүрүшөт. Мен буга макул эмесмин.

Суу Борбор Азиянын эң талылуу көйгөйү экени аяктаган жылы дагы бир жолу аныкталды

Көпчүлүк эксперттер суу көйгөйүн болочокто аймакта бириктире алуучу фактор катары аташат. Бирок аяктаган жылы Борбор Азия өлкөлөрү биринчи ирээт беш тараптуу, бирок бир жылга гана эсептелген келишимге кол койо алганы менен кызматташтыктын узак мөөнөткө белгиленген стратегиясы али көрүнбөгөндөй. Узак жана кыйын-кычыктуу сүйлөшүүлөрдөн кийин 18-октябрда беш тараптуу келишимге кол коюлганда Кыргызстандын мурдагы энергетика министри Сапарбек Балкыбеков "Азаттыкка" буларды айткан эле:

- Бул биринчи жолу, союз урагандан бери биринчи жолу болуп жатат. Суу маселелери боюнча беш тараптуу макулдашууга биринчи жолу кол коюлуп жатат. Бул бир жылдык гана мөөнөткө. Быйылкы жылды өтөлү, анан кийинки жылды көрөбүз да.

Суу – энергетика маселелери, утурумдук беш тараптуу келишим кабыл алынганга чейин Борбор Азия лидерлеринин октябрдын башында Бишкекте, КМШ саммитинин алкагында өткөн жыйынында каралган эле. Тармактык жетекчилердин ага чейинки бир нече сүйлөшүүсү натыйжасыз аяктаган.

Өзбек делегациясынын жыйын залынан чыгып кеткени да маалымдалып турду. Ал эми сугат кызыган июль айында Достук каналында суу басымы азайганына байланыштуу Казакстан Өзбекстанга кыжырданган телеграммасын жолдоого аргасыз болгон. Айтор суу башындагы өлкөлөр катары эсептелген Кыргызстан менен Тажикстандын энергетикалык кризисти баштан кечирүүсү, андан улам суунун агымынын чектелиши, жайында сакталган чыңалган абал саясат таануучу Орозбек Молдалиевдин пикиринде, 2008-жыл бул маселеде көпчүлүктүн көзүн ачкан жыл болду:

- Окумуштуулардын сууну товар катары карашыбыз, чогуу экономдоп пайдалануубуз керек деген сунуштарына саясатчылар, жетекчилер көп көңүл бурбай келди эле, быйыл алардын көздөрү жетти. Жаратылыштын бул байлыгын, калыбына келип туруучу булак болсо да, этияттап колдонбосо катострофалык абалга чейин жетип каларын түшүнүштү.

Суу-энергетика боюнча 2008-2009-жылга эсептелген келишимге биринчи ирээт Түркмөнстан да катышып, Тажикстан менен Кыргызстанга кошумча электр кубатын сатууга милдеттеме алды. Аймактык кызматташтыкка Түркмөнстандын аралаша баштоосун, саясат таануучу Орозбек Молдалиев аяктаган жылдын оң көрүнүшү катары баалайт:

- Түркмөнстанда бир топ үмүттөндүргөн иштер болуп жатат. Мурда нейтралдык мамлекетбиз деп жетекчиси Борбор Азиянын жыйындарына кээде келип, кээде келбей койчу. Азыркы президент буга активдүү катышып жүрөт. Түркмөнстандын саясаты өзгөрүп, аймактагы энергетикалык саясатка таасирин көрсөтө баштаганынын белгиси байкалат. Болочокто таасири мындан да көбүрөөк болот.

Борбор Азия өлкөлөрүнүн суу боюнча кызматташтыгын жөнгө салуунун бир жолу катары биргелешкен концорциум түзүү жагы айтылып келет. Бирок бул демилгенин үстүнөн 2008-жылы деле алгылыктуу иш жүрө алган жок. Казак президенти Нурсултан Назарбаев апрель айында моюнга алгандай, буга кайра эле тараптардын бир пикирге келе албай жатканы түрткү берүүдө:

- Суу боюнча төрт, атүгүл беш тараптуу концорциум боюнча биздин мындай каалоо-тилегибиз азырынча болбой жатат. Анткени кайра эле биздин пикирлерибиз ар тараптуу.

Пикирлердин ар түрдүүлүгү демекчи, суу башында жайгашкан Кыргызстан, балким Тажикстан да суу товар катары сатылышына кызыкдар. Суунун төмөн жагындагы өлкөлөрдөн буга өзгөчө Өзбекстан каршы. Атүгүл Өзбекстан Арал деңизине куюлуусу Сырдарыя жана Амударыялардын башында Кыргызстан менен Тажикстан жаңы ГЭСтерди курушун да колдобойт. Өзбек Тышкы иштер министрлиги аяктаган жылдын октябрь айында эки коңшунун мындай пландарын айыптаган билдирүү менен чыкты. Жаңы ГЭСтердин курулушу чөлкөмгө коркунуч, суунун төмөнүндөгү өлкөлөргө экономикалык жоготуу алып келерин белгиледи.

Суу боюнча мунаса табуунун багыттарын аяктаган 2008-жылы чөлкөмдүк эксперттер менен расмий өкүлдөр Еврошаркет менен бирге өткөрүлгөн конференция жыйындардын алкагында да талкуулады. Еврошаркеттин Чыгыш Европа, Борбор Азия жана Кавказ үчүн Суу демилгеси боюнча жумушчу тобунун акыркы отуруму декабрда Ашхабадда өттү.

Казакстандык саясат тануучу Досым Сатпаевдин пикиринде, Борбор Азия өлкөлөрүнүн жарнакташып иштөөсүнө тышкы саясатты аныктаган президенттердин ич-ара мамилелери өңдүү субъективдүү факторлордон тышкары объективдүү себептер да бар. Бирок акыр аягында аймакты суу көйгөйү гана чогуу-чараан иштөөгө мажбурлашы мүмкүн:

- Чынында эле региондун өлкөлөрүндө түрдүү экономикалык система өкүм сүрүүдө, тышкы саясий багытыбыз ар башка. Бул жердеги дагы бир чоң көйгөй - аймактагы өлкөлөр негизинен чийки зат өндүрүүчү экендигинде. Мунун баары кандайдыр бир деңгээлде биригүү жараянын татаалдаштырууда. Себеби Еврошаркеттин мисалы көргөзгөндөй, экономикалык өнүгүүсү жагынан тең мамлекеттер саясий эрк болгондо гана бириге алат. Мунун баары Борбор Азияда азырынча жок. Менимче, суу көйгөйү гана бизди бириктире алат деп ойлойм. Эгер айтылып жүргөндөй, суу-энергетикалык союз же концорциум түзүлсө, бул келечекте интеграциялык башка бирикмелердин түзүлүшүнө биринчи кадам боло алат.

Ал эми кыргызстандык саясат тануучу Орозбек Молдалиев биз менен маегинде аймакта интеграция алга жылуусун башка факторлор менен байланыштырды:

- Бизде интеграция жалаң эле жогорудан болуп жатат. Төмөндөн интеграциялык демилге жок. Ошон үчүн демократиялык жараяндар болуп, эл өзүнүн укугун биригип коргоп, күрөшмөйүнчө бизде интеграция ийгиликтүү болбойт.

Адистердин божомолдоруна караганда, дүйнөлүк каржы кризисинин таасирин Борбор Азия өлкөлөрүнүн экономикасы 2009-жылы даана сезет жана жыл 2008-жылдан да оор болушу мүмкүн. Мындай шартта аймаактык кызматташтык алдыга жылабы же артка кетеби, муну убакыт көргөзмөкчү.

Батыш басма сөз каражаттары каржы кризиси тууралуу жазат

Кыргызстандагы электр кубатынын тартыштыгы суу маселесин жаратып жатканы жана дүйнөлүк каржы кризисинин алгачкы соккусу жакыр өлкөлөргө тийип жаткандыгы тууралуу батыш басма сөз каражаттары жазышууда.

“Электр энергетикасына болгон тартыштык аз келгенсип, Кыргызстандын элет аймактарында жашаган тургундар таза сууга зар боло баштады. Электр энергетикасы болбой туруп, өлкөнүн жаңы суу таркатуу системасы жараксыз болуп калган” деп жазылат Eurasia View интернет баракчасында жарыяланган макалада.

Кыргыз өкмөтү кийинки 7 жылдын аралыгында, 509 айыл-кыштактын таза суу системасын кайра калыбына келтирүү максатында күткөн долбоорго 70 миллион долларга тең каражатты бөлгөнү маалымдалып, макалада электр энергетикасы жыш түрдө үзгүлтүккө учурагандыктан жаңы система айрым айылдарда ишке жарабай калганы ырасталат.

Аталган интернет баракчасында жарыяланган дагы бир макалада Азербайжандын Тоолуу Карабак жаңжалын жөнгө салуу максатын күткөн иш-аракеттер талдоого алынган. “ЕККУнун Тоолуу Карабак тынчтык жараянына караган Минск тобу бул жийеленишкен жаңжалга эмки жылы чечим табылып каларына чоң үмүт артып жатканына карабай, Бакудагы саясий байкоочулар бардык маселелерди кучагына алган кеңири көлөмдүү бир келишимдин эмки жылда табыларына шектүү көз караш билдиришүүдө” деп жазылат макалада.

Автордун пикирине ылайык, Орусиянын Абхазия менен Түштүк Осетияны таануусу Карабак чатагын болгонундой калтыра бериш кандайча натыйжаларга алып барары тууралуу батыштын көзүн ачып койгон. Экинчиден, Азербайжандын бийлигинин, чатакты курал жолу менен чечүү аймакта проблемалардын ого бетер ырбап кетерине көзү жетти деп ырастаган автор, бардык ушундай далилдерге карабастан, Минск тобу эмки жылы такалган туюктар жоюлуп чечим жолунун ачыларынан үмүтүн үзбөгөнү бышыкталат.

International Herald Tribune гезитинин өткөн жумадагы сандарынын биринде чыккан көлөмдүү макалада, Борбор Азия өлкөлөрүнөн Орусияга мигрант жумушчу катары кеткен кишилердин көйгөйлүү тагдыры чагылдырылат. Дүйнөлүк каржы кризиси өнүккөн өлкөлөрдүн экономикасын алда качан эле аңтар-төңтөр кылган менен, кризистин толкундары аста секин жакыр өлкөлөрдүн жээгин соккулай баштаганы белгиленип, макалада мунун алгачкы курмандыктары мигрант жумушчулар экени айтылат.

The New York Times гезити жума күнкү санында Түркиянын мусулманчылыкты бекем кармаган жаңы тап бизнесмендеринин, дүйнөнүн эң эле катуу секулярдуу өлкөсүндө, динди бекем кармаган бир партияны бийликтин жогорку эшелондоруна чейин көтөргөн таржымалын талдоого алган. Бул жаңы тап өзүнүн каймак кыртышын жаратып, өлкөнүн экономикасында чоң сөз ээси боло баштаганы далилденип, макалада кийинки ондогон жылдардын ичинде бир эле өлкөдө жашаган бул карама-каршы эки таптын ортосундагы айыгышкан экономикалык саясий таймаш таанымал саясий комментатор Сабрина Тавернистин (Sabrina Tavernis) кылдат элегинен өткөрүлөт.

2008 - кыргыз спортунда ийгиликтүү жыл

2008-жыл да аяктап келатат. Быйылкы жылдын эң негизги жана маанилүү мелдеши - Бээжинде олимпиадалык оюндар өткөрүлдү. Чынында 2008-жыл кыргыз спорту үчүн ийгилик алып келгени менен чоң сыноо болду.

Албетте, жылдын башынан бери кыргызстандык спортчулар эларалык ареналарда ийгиликтерге да жетише алышты. Айтсак, грек-рим, эркин күрөштө, оор атлетика менен жеңил атлетикада, кикбоксинг менен тайбокс, самбо, таэквондо боюнча жылдан жылга оозго алынып келаткан спортчулар ийгиликтерди жаратышты. Улуттук көкбөрү оюнунда Кыргызстан Казакстанды утуп, кайрадан биринчи орунга чыкты.

Быйыл жалпы күйөрмандарды сүйүнткөн окуя – Бээжин олимпиадасына барган 20 спортчудан грек-рим күрөшү боюнча Азия чемпиондору Руслан Түмөнбаев менен Канатбек Бегалиевдин мөрөй алганы болду.

Өлкөнүн Дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары Алмаз Касеновдун айтымында, 2008-жыл кыргыз спортуна зор олимпиадалык ийгилик алып келди.

Бээжин олимпиадасы кыргыз спорту үчүн сыноо болду

Чынында спорт адистери кыргыз спортуна жакшыбы, жаманбы, аны 2008-жылдагы Бээжин олимпиадасынын жыйынтыгы боюнча баа берип жатышат.

Себеби быйыл дүйнө коомчулугунун көңүлүн бурган Кытайдын борбору Бээжинде жайкы олимпиада болуп, анда 205 өлкөнүн спортчулары мөрөй талашты. Негизги басым да быйыл ушул Бээжин олимпиадасына даярдык көрүүгө жана олимпиадалык таймашуулар болду.

Өтүп бараткан жылдын мыкты спорттук федерациясы деген сыйга өлкөнүн грек-рим күрөшү федерациясы татыктуу дешүүдө спорт адистери. Ушундай сыйлык дагы жоопкерчиликтүү иштеп, Кыргызстанды дүйнөгө таанытууга милдеттендирээрин федерациянын президенти Бейшен Абилдаев билдирди.

Бээжин олимпиадасына кыргызстандык эки балбан грек-рим күрөшүнөн коло жана күмүш байгелүү болушту. Калыстардын айынан Канатбек Бегалиев олимпиадалык алтын байгеден куру калып, күмүш медаль тагынды. Бээжинде олимпиада оюндарынын таймаштары тууралуу Азия чемпиону, дүйнө чемпионатынын жана олимпиаданын күмүш байге ээси Канатбек Бегалиев мындай деди:

- Мен өзүмдүн алдыма койгон максаттарыма жеттим. Мени өзүнө чакырган өлкөлөр арбын болууда. Бирок мен кыргыз намысын гана бийик көтөргүм келет. Мага Кыргызстанда эле шарт түзүп, камкордукка алып жатышат. Олимпиадада атаандашым французга калыстар тартып койгонун жалпы эл, спорт күйөрмандары көрдү. Ошондуктан Лондон олимпиадасында алтын медаль үчүн күрөшүшүм керек деген максатым бар. Калыстардын айынан колдон чыккан намысты кайрып алаар күн алыс эмес.

Мурдагы жылы да Кытайдын Гуанжу шаарында өткөн эркин жана грек-рим күрөшүндө да Канатбек Бегалиев финалда кытайлык балбан менен күрөшүп таза жеңишке жетсе да калыстардын айынан алтын байгеден куру калып, күмүш медаль тагынган. Спорт адистери, коомчулук дагы Канатбек Бегалиевди жылдын мыкты спортчусу атап, анын чеберчилигине жогору баа беришүүдө.

Быйыл Бээжиндеги олимпиадалык таймашууда грек-рим күрөшүнөн байгелүү үчүнчү орунду ээлеген балбан Руслан Түмөнбаевдин айтымында, алдыда дагы дүйнөлүк, Азиялык чемпионаттар жана Лондон олимпиадасы турат.

Бээжинде мөрөй алышкан эки балбан Руслан Түмөнбаев менен Канатбек Бегалиевди жылдын мыкты спортчуларынын тизме башына койгонго татыктуу.

Өлкөнүн олимпиадалык даярдоо борборунун жетекчиси Касымкул Оболбековдун пикиринде, Бээжиндеги олимпиадалык таймашууларда Кыргызстан 2005 өлкөдөн 65-орунга жетүүсү жана эки балбандын ийгилик жаратуусу даярдыктын дурус болгонун айгинелеп турат. Анын айтымында, спортко болгон мамилени өзгөртүп, дүйнөлүк ыргактан калышпай жаны тажрыйбаларды колдоно билүү зарыл.

Өтүп бараткан жылдын мыкты спортчусу деп оор атлетика боюнча Азия чемпионатында алтын медаль уткан Улан Молдодосовду атоого болот. Ал Бээжиндеги олимпиадада он биринчи орунду ээледи.

Азиянын көп жолку чемпиону Татьяна Ефимнеко 8 жыл мурда Пусанда 14-Азия оюндарында чемпион аталса, быйыл Азиянын бешинчи ирет чемпиону болгону менен Бээжинде күйөрмандардын үмүтүн актай албады.

Кыргыз спорт тарыхында төрт ирет удаасы менен Азия оюндарында мөрөй алган велоспортчу Евгений Ваккерди быйылкы жылдын мыкты спортчусу деп атоого болот. Бирок ал быйыл Азия чемпиону болгону менен Бээжин олимпиадасына жолдомо албай калды.

Евгенийдин мындай ийгиликтерге жетүүсүнө Германияда жашап, чет өлкөлүк клубдарда машыкканы өбөлгө болууда.

Жылдын 10 мыкты спортчусунун катарына быйыл жаштар арасында грек-рим күрөшүнөн Азия жана дүйнө чемпионаттарында алтын медаль уткан Калыбек Жолчубековду кошууга толук негиз бар.

Ошондой эле 2008-жылы Азия чемпионаттарында мөрөй алышкан балбандар Данияр Көбөнов, Алексей Ялома, Арсен Эралиев, оор атлетчилер Алексей Дудин, Султан Молдодосов, Бекзат Осмоналиев Кыргызстанды таанытышты. Айрыкча, Азиянын эки жолку чемпиону Данияр Көбөновдун Бээжин олимпиадасына жолдомо албай калышы күйөрмандарын өкүндүрдү.

Ошондой эле бильярд боюнча дүйнө чемпиондугун үчүнчү ирет жеңип алган Каныбек Сагындыковду да жылдын мыкты спортчусу деп атаса жарашат. Себеби Каныбек быйыл дагы дүйнөдөгү эң мыкты 8 бильярдчынын катарына кирди.

Бел кур күрөшү боюнча Африкада кеч күздө өткөн дүйнө чемпионатында кыргызстандык балбандар 4 алтын байгелүү болуп, кыргыз өңүн дүйнөгө таанытышты. Дүйнө чемпиондору Куралбек Ордобаев, Нияз Курманкулов, Азат Эркинбаев жана Асылбек Бөдөшевди жылдызы жанган жылдын мыктылары десе жарашат.

Экономиканын кесепети спорт тармагына дагы тийүүдө

Кыргызстандын саясый-экономикалык абал кыргыз спортуна да көп жылдан бери өзүнүн залакасын тийгизип келет. Каражаттын жоктугунан стадиондор менен спорт залдар талкаланган. Спортчулар менен машыктыруучулар чет өлкөлөргө кетип жатышат. Ал аз келгенсип, былтыртан бери облусттук спорт комтеттерин жоюп жиберүү айылдык спорттун тамырына балта чапкандай таасир калтырды. Талас облусттук «Ден соолук» борборунун жетекчиси Шаршенбек Конгантиевдин айтымында, кыргыз спортунда мактанаарлык иш-аракет жок.

Анан да кыргыз спортунун жашоо-турмушу ачык-айкын болсо дешет спорт адистери. Себеби спортко канча акча бөлүнөт, быйылкы Бээжин олимпиадасына кандай даярдык көрүлдү, ага канча акча сарпталды, аны эч ким так билбейт.

Бирок спортко өкмөттөн керектүү суммада каражат бөлүнүп жатат, баары жайында быйылкы ийгиликтер катааттандырат дейт өлкөнүн дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агентигинин жетекчисинин орун басары Алмаз Касенов.

Өлкөнүн улуттук олимпиада комитетинин президенти Мурат Саралинов өтүп бараткан жылдын жыйынтыгына баа берип, алдыдагы 2009-жылы боло турган мелдештер тууралуу “Азаттыкка” айтып берген эле.

-Бээжиндеги олимпиадада бир коло, бир күмүш медаль жеңдик деп жатабыз. Бул көп жылдан бери талыкпай аракет кылган грек-рим күрөш федерациясынын, машыктыруучулардын жана балбандардын мээнетинин акыбети. Эгерде аларга мындан дагы жакшы шарт түзсөк, анда дагы ийгиликтер болмок. Айрыкча Данияр Көбөнов менен Жанарбек Кенжеевдин мээнети акталбай, арманда калышты. Эркин күрөш балбандары Бээжинде үмүттү актай алышпады. Бирок алар Кыргызстандын өзүндө тарбия-таалим алгандар болсо дурус болмок.

Бээжинге жолдомо алган үч балбан тең Орусиянын жарандары. Велоспортчу Евгений Ваккер Кыргызстанда эмес, Германияда жашап, германиялык клубда машыгат. Бирок Ваккер быйыл Азия чемпиону болгону менен Бээжинге жолдомо албай калганы өкүндүрөт. Ал Кыргызстандын намысын биринчи кезекте өзүнүн туулуп өскөн өлкөсүнө болгон патриоттуулугунан эмес, эларалык чоң-чоң мелдештерге, дүйнөлүк чемпионат менен Олимпиадалык оюндарга катышыш үчүн коргоп жүрөбү деген да ой келет. Себеби Германия курама командасына ал мүчө боло албайт, анткени ал жакта андан күчтүү спортсмендер жүздөп саналат.

Женил атлетикадан Азиянын көп жолку чемпиону Татьяна Ефименко да жыл сайын эле спорткомитети жакшы көңүл бөлбөй жатканын айтып келет. Айласы кеткенде быйылкы жылы дээрлик толугу менен чет өлкөлөрдө машыгып, ошол жакта мелдештерге катышты. Бирок ал Бээжинде кыргызстандык күйөрмандардын ишенимин актай алган жок.

Ошондой эле Бээжинге жолдомо алышкан эркин күрөш балбандары Алексей Крупняков, Базар Базаргуриев жана Арсен Гитинов да орусиялык спортчулар, алар өз өлкөсүндө курама командага илинбей калышып, биз үчүн күрөшүп жүрөт. Демек, алардын жеңиштерде биздин спорткомитеттин, өкмөттүн салымы канчалык? Айтуу кыйын. Эми бул эмнени билдирет? Бул биздин Кыргызстанда жакшылап машыгууга шарт начар экендигин билдирет. Спорт тармагына өкмөттүк деңгээлде камкордукка алуу тууралуу айтылган менен жер- жерлерде ишке ашпай келатат. Айрыкча эркин күрөш, бокс, оор атлетика федерациялары иш-аракеттерине терең талдоо жүргүзүп, жаштарга шарт түзүп берүүсү зарыл.

Билим берүү министрлиги менен кесиптик билим берүү агенттиги дене тарбия багытында иш жүргүзгөнү байкалган жок. Пландоо менен иш жүргүзүп, анализдеген эч ким жок. Кыргыз спорту ишкерлердин жана энтузиасттардын аркасы менен жашап келатат.

Спорт күйөрмандары келечекке үмүт менен карашат

Эми алдыда 2009-жылы Сингапурда жаштар арасында Азия оюндары, Бангкокто чыгыш өнөрлөрү боюнча Азия оюндары, Вьетнамда жабык имараттардагы Азия оюндары, Сербияда бүткүл дүйнөлүк суденттердин универсияда мелдештери болмокчу. Лондон олимпиадасына азыртан даярдык көрүүбүз зарыл.

Жылдын жыйынтыгы калыстык менен чечилбей балбандар менен оор атлетчилерден бөлөк дагы мыкты ийгилик жараткандардын мээнети бааланбай калганын шахмат боюнча Азиянын эки жолку чемпиону Семетей Төлөгөн тегиндин атасы Төлөгөн Исаев айтып, нааразы пикирин билдирди.

Спорт күйөрманы жана демөөрчүсү «Шоро» фирмасынын президенти Табылды Эгембердиевдин айтымында, 2008-жылы олимпиадалык спорт түрлөрүнө басым жасалып, кыргыз улуттук спортуна көңүл бурулбай, аш-тойлордо гана ойнолуп калды. Эгемендүү өлкөдө бир дагы ордо оюн аянтчасы жоктуну өкүндүрөт.

Белгилүү марафончу, эл аралык спорт чебери Назирдин Акылбековдун айтымында, кыргызды дүйнөгө таанытуучу улан-кыздар арбын. Аларга шарт түзүп, камкордукка алуу гана зарыл.

- Биринчи кезекте өз жерибизде спортчуларга шарт түзүп бериш керек. Ал эми күрөштөгү калган медалдар кыргыздын менталитетине (күрөшкө жакындыгы) байланыштуу деп ойлойм. Азыркы мыкты балбандарыбыз өспүрүм кездерин эгемендигибиздин алгачкы жылдарында айылда өткөргөн балдар жалаң карандай чай менен эле чоңоюшту. Анан шаарга келип кичине өзөк жалгап, жаштар арасында ийгиликке жетишип, чоңдорго келгенде эле утулуп калып жатышат. Эгерде балбандарыбызга жакшылап көңүл бурулса мүмкүн алтын медалга деле ээ болмокпуз.

“Дордой-Динамо” клубу жыл башында “Шериктештик” кубогуна катышканы менен жеңишке жете алган жок.

.

Күзүндө Азия футбол конфедерациясынын президентинин кубогу үчүн мелдештин финалдык бөлүгү “Спартак” стадионунда болду. Ага Тажикстандын чемпиону “Регар-ТадАЗ”, Түркмөнстандын “Ашхабад”, Непалдын “Непал-Полиси” жана Кыргызстандын “Дордой-Динамосу” катышты.

Финалдык оюнга Тажикстан менен Кыргызстандын чемпиондору чыгып оюн тең аяктагандыктан, пенальти тебүүдө 4:3 упайы менен “Регар-ТадАЗ” АФК президентинин кубогунун жеңүүчүсү аталды. Эскерте кетсек, буга чейин бул турнирди “Дордой-Динамо” эки ирээт утуп алган. Ошондой эле Кыргызстандын футбол боюнча тандалма командасы Бишкекте Ооганистандын футболчуларынан жеңилүү ызасын тартышты.

Ал эми кикбоксинг жаатына кайрыла турган болсок быйыл Ален Оффое Европанын чемпиону наамына жетти. “Кара кыргыз” аты менен таанымал болгон бул спортчу бир нече атаандаштарын жеңүү менен финалдык беттешүүдө беларус Замин Гусейновду утуп WBKF версиясы боюнча чемпион болду.

2008-жылы кыргыз спортун өнүктүрүүгө өлкө казынадан 160 млн. сом жумшалган. Бул сумма чет өлкөлөрдө он чакты спортчунун бир жылдык машыгуусуна коройт. Кыргызстанда болсо бул каражат миңдеген спортчуларга жетиши абзел. Эгер кыргыз спортчулары Лондон олимпиадасында ийгилик жаратсын десек, келээрки жылдан тарта дене тарбияга жетиштүү каражат бөлүнүп, спортчуларга шарт түзүү зарыл шекилдүү.

Спорт менен саясат аралаштыбы?

Президенг К. Бакиевдин улуу баласы Марат Бакиев Дзю-до Федерациясын жетектейт.

Ошондой эле 2008-жыл президент Курманбек Бакиевдин уулдары, иниси жана жакын санаалаштары спорттун айрым федерацияларына жетекчилик кылуусу менен да эсте калчудай. Улуу баласы Марат Бакиев ок атуу жана дзю-до күрөшү федерацияларын жетектесе, кичүү уулу Максим Бакиев жалпы күрөш федерациясынын президенти.

Дагы бир иниси Адыл Бакиев өлкөнүн каратэ-до федерациясына жетекчи болуп шайланган. Президенттин мурдакы жардамчысы, сот департаментине жетекчи болуп дайындалган Айбек Алыбаев футбол федерациясына президент болуп шайланды. Экономика министри Акылбек Жапаров өлкөнүн шахмат федерациясынын жетекчиси болсо, транспорт прокурору Абдибакыт Халмурзаев бокс федерациясын, бажы тармагын мурда башкарган Салайдин Айдаров оор атлетика федерациясынын президенти. Дагы айта берсе тизме узара берет.

Мына ушундай окуялары менен 2008-жыл тарыхта жана спорт күйөрмандарынын эсинде калды.

2008: Каспийден куру калгандар

Каспийдин жээгиндеги мунай соруп алчу станция

2008-жылдын башында дүйнөдө мунай менен газ өтө кымбат сатылчу. Энергетикалык коопсуздукту ойлоп, Каспийдин байлыгына көз арткандар көбөйдү. Бирок жыл этегинде мунай кескин арзандап кетип, абалды бир топ өзгөрттү.

Жыл башында жаратылыш газы менен мунайга бай Каспийдин көпчүлүк бөлүгү Орусиянын карамагында тургандай сезилген.

Стратегиялык артыкчылыктар бар экенине ишенген «Газпром» компаниясы 2008-жылы Түркмөнстан жана Казакстан менен Каспийди бойлото түндүк-чыгыш тараптан куурларды жаткыруу боюнча келишимге кол коет. Ал эле эмес, бул эки мамлекет менен кошо Азербайжандан да газды «Европадагы баа» менен сатып алууга келишет.

Макулдашуунун «Газпром» үчүн дагы бир жагымдуу жагы – Азербайжан менен Түркмөнстан бул компанияга ушул аймакта канча газ өндүрсө, баарын ала берүүгө уруксат беришкен. Эгерде баары ойдогудай болуп турганда, Орусия өзүн газ менен толук камсыздап, андан артканын Батышка кымбатыраак кылып сатмак.

Италиялык аналитик Федерико Бардонаро (Federico Bordonaro) Орусиянын философиясын түшүндүрүп жатып: «Европалыктарга газ керек. Орусия ал газды бере алат. Демек, саясий-экономикалык маанилүү чечимдерди Орусия Евробиримдиктен мурда кабыл ала алат», - деди.

Бирок Москва пландагандай болбой калды

Июлда ар бир баррели 150 доллардан сатылып жаткан мунай декабрда 40 доллардан ашпай калды. Мунун таасири орус энергетикалык секторуна заматта тийди көрүнөт. Каспий боюнча анда үлүшү бар мамлекеттерге буга чейин сүйлөшүлгөн бааны эми «Газпром» төлөйбү же «Лукойлбу» деген суроо айтыла баштады.

Келишимди кайра өзгөртүү боюнча «Газпромдун» сунушун Баку да, Тбилиси да жактырган жок.

Каспий байлыгына көз арткан мергенчилердин дагы бири - Европа Биримдиги

Буга чейин газдын айынан Украина менен Беларусту кышында тоңдуруп койгонго чейин жеткен Орусиядан Евробиримдик бир топ эле чочулап калган. Анткени Евробиримдик өзүнө керек газдын 40% Орусиядан сатып алат. Азыр ал газды Орусия эмес, башка жолдор аркылуу тапканга аракет кылууда.

Расмий Брюссель, мисалы, «Набукко» кууру шаркетке жылына керектелчү 30 млрд.куб метр газды таап бере алат го деп үмүттөнөт. Бирок бул куур аркылуу газ ташуу үчүн деле анын баарын болбосо да, кайсыл бир бөлүгүн сөзсүз Азербайжандан, Түркмөнстандан же Казакстандан алышы керек. Бул жагынан алып караганда, 2008-жыл Евробиримдик үчүн да жемиштүү болбоду окшойт.

Бир чети, «Набуккого» Азербайжан аркылуу түркмөн же казак газын Каспийдин чыгышынан алып өтчү транс-атлантикалык куур жок. Экинчи жагынан, Азербайжан менен Түркмөнстандын өкмөттөрү деле акыркы 10 жылдан бери европалыктар менен кызматташууга дилгирлигин көрсөтпөй келишет. Евробиримдик жана АКШнын тыгыз кийлигишүүсү менен гана ал өкмөттөр сүйлөшүүгө ынанышты.

Ноябрда Евробиримдиктин жетекчилиги чогулуп, 2009-жылы Каспий Өнүгүү Консорциумун түзөбүз деп макулдашышты. Бирок 2008-жылдын этегинде глобалдык экономикалык кризис улам өсүп баратканын эске алганда, Евробиримдик да, Орусияга акшоп, акча таппадык дегендей таризде бул планын ишке ашырбай калышы ажеп эмес.

Каспийдин кенине сугунуп тургандардын артында Кытай да бар

Кытайдын улуттук мунай корпорациясы - өндүрүштү бөлүп алуу боюнча Түркмөнстан менен келишимге жетишкен жалгыз чет мамлекеттик ишкана. Быйыл Кытайдын компаниялары Өзбекстанда мунай менен газды таап-өндүрүү, казак мунайын темир жол аркылуу Кытайга алып келүү боюнча документтерге кол кое алышты.

Лондондогу кытайлык экономикалык эксперт Гарет Лизер (Gareth Leather) Бейжиндин аракеттерин түшүндүрүп жатып: «Кытай, адатта, ачык базардан товарларды импорттоого анча кызыкпай келген. Ал көбүнчө мамлекеттин өзүнө барып туруп, ал жактагы чийки кенди өндүрүп алуу үчүн инфраструктурага инвестиция жасайт. Кытай менен бул жаатта иштешкен мамлекеттер чийки материалдарын сатып гана калбастан, инфраструктурасын да Кытайдын эсебинен тургузуп калышууда. Башкача айтканда, эки утушка ээ болушат», - дейт.

Кытай газ жана мунай боюнча бир эле учурда Казакстан жана Түркмөнстан менен куруп жаткан куурлардын алды келерки жылдан тарта иштей башташын эске алганда, 2009-жылы Каспийде Кытайдын мааниси арта тургандай.

2008: Борбор Азияны бойлогон окуялар

Аяктаган 2008- жыл Борбор Азия өлкөлөрү үчүн кандай болду, эмнеси менен эсте калды? Бириктире келгенде 50 миллиондой калкы бар аймактын беш өлкөсүнүн ар биринде, жыл ичи жергиликтүү мүнөздөгү ондогон окуялар орун алды. Алардын айрымдары кубантарлык, кай бирлери кайгылуу.

Бирок аяктаган жылдын ортосуна чейин энергия булактары менен азык-түлүккө баанын асмандашы, ал эми жыл ортосунан тарта дүйнөлүк каржы кризинин экинчи толкунун капташы, биз маектешкен аймактык эксперттер белгилешкендей, Борбор Азия өлкөлөрүн да тепчип өткөн негизги жараян болду. Ал эми аймактын Кыргызстан жана Тажикстан сыяктуу өлкөлөрү буга кошума энергетикалык кризисти баштан кечиришти.

Казакстан: Экономикалык кризис социалдык чыңалууну күчөттү

Борбор Азиянын эл аралык экономикага, баалуу кагаздар базарына, банк системасына көбүрөөк аралашкан өлкөсү – Казакстан аймактын глобалдык каржы кризинен эң көп жапа чеккен өлкөсү болду. 2008-жыл Казакстан үчүн экономикалык кризистин белгиси астында өттү. Мындай ырастоого алматылык саясат таануучу Досым Сатпаев да кошулат:

- Экономикалык пландагы көйгөйлөр кыйла актуалдуу жана кыйла татаал болду жана баардык чөйрөлөрдү: экономикадан тартып, социалдыкка чейинкини камтыды. Андыктан бул жылы талаш-тартыштардын, талкуулардын көбү саясат эмес, экономикага арналды. Анын үстүнө сөз жөн эле кризис менен күрөшүү жөнүндө эмес, Казакстандын келечеги тууралуу жүрүп жатат. Анткени бул кризис Казакстандын өнүгүүсүнүн азыркы экономикалык моделине олуттуу сокку урду. Анын жетишпеген жана алсыз жактары арбын экени көрүндү. Кризис муну даана ачыктады.

Казак бийликтери өлкөдө кризис бар экенин, экономика баардык багыттан сокку жеп жатканын жыл ортосунан кийин глобалдык каржы кризисинин экинчи толкуну башталгандан кийин моюнга алгансыды. Өкмөт антикризистик программасын жыл соңуна барып, 25-ноябрда гана бекитти. Ага ылайык кризистин кесепеттерине каршы күрөшүү үчүн улуттук жана пенсиялык кордон, мамлекеттик бюджеттен 10 миллиард доллар сарпталат. Калк унута түшкөндөй болгон пикет-митинг өңдүү нааразылык чаралар да аяктаган жылы Казакстан үчүн көнүмүшкө айланды. Саясат таануучу Досым Сатпаев жыл ичи өткөн нааразылык чаралардын мүнөзүн мындайча чечмелейт:

- Социалдык-экономикалык абалдын начарлашы социалдык чыңалуунун күчөшүнө алып келгени түшүнүктүү. Бирок бул социалдык чыңалуу азырынча так саясий формага ээ эмес. Албетте уруксат берилбеген митингдер, пикеттер, жүрүштөрдүн саны көбөйдү, бирок алар негизинен конкреттүү көйгөйлөр боюнча бири-бири менен байланышы бар адамдардын тобу тарабынан өткөрүлүп жатат. Ал көйгөйлөр болсо кризистин кесепеттери менен байланышта. Курулушка акчасын салганы менен турак-жайы бүтпөй калган адамдар, ипотекалык кредит алып, төлөөгө кудурети жетпей калгандар, соцалдык жактан аз корголгон адамдар көчөгө чыгып жатты. Бул топтун ар бири өз кызыкчылыгын коргоодо. Азырынча Казакстанда бул чачыранды социалдык кыймылдарды бир муштумга бириктире алгыдай күч жок. Андыктан, Казакстанда саясий система үчүн реалдуу коркунуч бар деп айтыш, азырыча эртелик кылат. Анткен менен кризис кандай болгон күндө да, социалдык чыңалуунун деңгээлин көтөрдү.

Ал эми саясий турмушта аяктаган жылдын экинчи жарымынан тарта өлкөдө мөөнөтсүз парламенттик шайлоо өтөт деген күбүр-шыбырлар жүргөнү менен андай окуя орун алган жок. Казакстан 2010-жылы ЕККУ уюмунда төрагалык кылары мерчемделгендиктен, казак бийликтеринин дарегине жыл бою эл аралык коомчулуктан, жергиликтүү демократиялык күчтөрдөн учурунда берилген убадаларды аткаруу чакырыктары айтылып жатты. Президент Нурсултан Назарбаев июнь айында Астанда ЕККУнун Парламенттик ассамблеясынын жыйыны өткөндө болочок өзгөрүүлөр тууралуу мындай деген эле:

- Биринчиден, парламентти кеминде эки партиядан курууга жол берген укуктук механизмди түзүү. Экинчиден, партиялардын мамлекеттик катттодон өтүшү үчүн жагымдуу шарт түзүү. Үчүнчүдөн, электоралдык жараяндын жол-жобосун өркүндөтүү. Төртүнчүдөн, массалык-маалымат каражаттарынын ишмердигин жөнгө салган ашыкча бюрократиялык тоскоолдуктарды алып салуу зарыл.

Айткандай эле аяктаган жыл ичи Казакстандын ЕККУдагы болчок төрагалыгын эске алуу менен айрым бир мыйзамдарга өзгөртүүлөр киргизилди. Алматылык саясат таануучу Досым Сатпаев бул багытта жасалган иштерди биз менен маегинде төмөнкүчө баалады:

- Казакстандын жетекчилиги азыр саясий реформалардын кандайдыр бир иммитациясын түзүүгө аракеттенип жатат. Биринчиден, парламентте экинчи партиянын пайда болуусуна каршы эмес экендигин билдирүү менен. Бул албетте жомоктой көрүнүшү мүмкүн. Себеби ал партия оппозициячыл деген рамий макам алганы менен президентчил болот. Көрүлгөн башка чаралар деле жарым-жартылай планда. Массалык маалымат каражаттары боюнча мыйзамга киргизилген өзгөртүүлөр, өкмөттүн пикиринде, журналисттердин ишин жеңилдетет. Журналисттердин көз карашында болсо, эч нерсени деле олуттуу өзгөрпөйт. Саясий партиялар жана шайлоо жөнүндөгү мыйзамга киргизилген өзгөртүүлөр да косметикалык мүнөздө. Алар саясий партиялардын катталуу жараянын жеңилдетпейт. Демек мыйзамдарга киргизилген өзгөртүүлөр эл аралык коомчулукка гана эсептелгендей жана көбүнесе үстүрт мүнөздө гана болду.

Тажикстан: Элдин эсинде энергетикалык кризис калды, диний кырдаалды көзөмөлдөө аракети күчөдү

Тажикстандык журналист, талдоочу Марат Мамадшаев аяктаган жыл тажикстандыктар үчүн эмнеси менен эсинде калды деген сурообузга:

-Баарынан мурда, албетте, кышкы суук менен байланышкан көгөйлөр, электр кубатынын жоктугу менен эсте калды. Өлкөдө Санксуди, жана башка кичи ГЭСтер ишке берилгенсиди, бирок алар көйгөдү чече албайт. Экинчиси- инфляция, баалардын өскөнү. Маселен КМШнын Статистикалык комитетинин отчету боюнча Тажикстанда инфляция бул жылы эң жогору болду. Андыктан ушул эки нерсе: баалардын дүркүрүп өсүүсү жана энергия булактарынын жетишсиздиги эң көп талкууланган маселе болду.

Аяктаган жыл ичи Тажикстандын саясий турмушунда олуттуу деле бурулуштар болгон жок, бирок журналист Марат Мамадшаевдин пикиринде, өлкөдө жаңы диний агымдын коркунучу жөнүндө көп сөз жүрдү:

- Ачык айтканда, курч саясий билдирүүлөр болгон жок. Атүгүл энергокризистин учурунда да саясий партиялар кыйла пассивдүүлүгүн көргөзүштү. Мен бул жылы жаңы диний агым же секта дейбизби, салахиттердин Тажикстанга коркунучу жөнүндө көп сөз болду деп айтаар элем. Мисалы, буга чейинки Хизб-ут-Тахрир жөнүндө бул жылы угулган да жок. Мурда кезектеги хизбут-тахрирчи камалганы жөнүндө маалымдап турган укук коргоо органдары да бул жылы бизге эч нерсе айтышпады. Салахиттер - бул исламдын жаңы түрү.

Айткандай эле аяктаган жыл ичи Тажикстанда өкмөт тарабынан диний кырдаалды көзөмөлдөө аракеттери күчөтүлдү, ондогон мечит-медреселер жабылды, кыз-келиндердин окуу жайларда хижабчан жүрүүсүнө каршы аракеттер көрүлдү, "Иегованын күбөлөрү" деген христиан диний уюмунун иши сот тарабынан токтотулду.

Ал эми өлкөнүн тышкы саясатында аяктаган жылы орун алган жараяндар тууралуу Марат Мамадшаев төмөнкүдөй байкоолору менен бөлүшөт:

- Тажикстан Орусиядан оолактооодо, анын жаңы өнөктөштөрү пайда болуп жатат. Маселен, Иран араб өлкөлөрү менен байланыштарга көңүл бурууда. Тажик элитасынын Орусиядан көңүлү калды деп айтууга болот. Бул көбүнесе Орусия чечүүчү долбоор катары эсептелген – Рогун ГЭСин бүтүрүүгө убада берип, бул убадасын орундабаганына байланыштуу. Интеллигенция тажик бийликтеринин мындай саясатына түшүнүү менен карап жатат, бирок калктын негизги катмарында орусиячыл маанай күчтүү.

Өзбекстан: Багыт кайрадан Батышка бурулдубу, адам укуктары жаатындагы абал оңолдубу?

Сөз эркиндиги жок Өзбекстанда коомдук көйгөйлөрдү маалымат каражаттары аркылуу ачык талкуулоо мүмкүн эмес. Ташкенттик саясат таануучу Ташпулат Юлдашевдин пикиринде, ачыкка чыкпаганы менен аяктаган жылы баалардын кымбаттоосу өзбекстандыктардын негизги түйшүгү жана алар ич ара эң көп сөз кылган маселе болду:

-Өлкө ичинде көбүнчө экономикалык абал талкууланды. Бийликтер мактанып, улуттук дүң өндүрүш 12,5%га өстү, инфляция 6%ды түздү деп айтып жатышат. Бул чындыкка такыр эле туура келбейт. Башкача айтканда эл менен бийликтин сөзү дал келбейт, инфляция кеминде 100%га жеткенин калктын баары билет. Өзбекстан гүлдөп жатса, эмне үчүн калк нан издеп, сыртка кетип жатат. Расмий бийлтин ырастоосунда, өзбекстандык эмгек мигранттарынын жалпы саны 5,5 миллион. Биздин эсебибизде мындан кыйла көп, анткени бийлик чек арадан мыйзамдуу өткөндөрдү гана эсепке алып жатат.

Ал эми саясий турмушта Өзбекстан аяктаган жылды президент Ислам Каримовдун мамлекет башчысынын кызматына дагы бир жети жылдык мөөнөткө расмий киришүүсүнөн баштаган эле. 2008-жылдын 16-январында, ант берүү аземинде тышкы саясаттын маселелерине кайрылып, Каримов мындай деген:

- Бүгүн эч кимге жашыруун эмес, Өзбекстан менен АКШ, Европа өлкөлөрү ортосунда уланып жаткан өз ара түшүнбөөчүлүктөр боюнча жоромол жасагандар, эгер ачыгын айтсак, ушундай алакалардын сакталышын, андан пайда табууну көздөгөндөр бар экени сезиш, байкаш кыйын эмес. Буга эмне дейбиз. Өзбекстан алыс-жакын коңшуларынын баары, анын ичинде Америка Кошмо Штаттары, Европа менен өз ара пайдалуу, өз ара урмат-сыйга негизделген карым-катнашты улантууну жактайт жана бул жолдон биз эч убакта кайтпайбыз. Эмне дейсиздер...

Президент Ислам Каримов жыл башындагы бул сөзүндө эскерген АКШ жана Еврошаркет менен аяктаган жыл ичи расмий Ташкенттин алакасы бир аз жылым тарткандай болду. Тараптардын мамилеси 2005-жылдын май айында Анжияндагы орун алган кан төгүүдөн кийин, АКШ менен Еврошаркет бул үчүн өзбек бийликтерин айыптап, окуя боюнча көз карандысыз иликтөөнү жүргүзүүнү талап кылгандан соң бузулган эле. Ал эми аяктаган жыл ичи Еврошаркет ошол Андижан окуяларынан кийин киргизилген санкциялардын айрымдарын жойду. Муну утурлай Өзбекстан да абактан адам укугун коргоочулардын тобун, анын ичинде Анжиян окуясынан кийин камалган таанымал укук коргоочу Мутабар Тожибаеваны бошотту.

Еврошакетте аяктаган жылдын экинчи жарымында төрагалык кылган Франциянын тышкы иштер министри Бернард Кушнер 2008-жылдын 13-октябрында Европанын тышкы саясий мекеме жетекчилеринин Өзбекстандын жогорку даражалуу сегиз расмий өкүлүнүн шаркетке каттоосуна салынган тыюуну жойгон жыйынынан кийин буларды айткан эле:

- Биз акыркы айларда орун алган оң өнүгүүлөрдү белгиледик. Биз ошолор үчүн дем бергибиз келет. Андыктан биз курал эмбаргосун алып салбастан, жеке санкцияларды гана жойдук. Бирок али көп нерсе жасалуусу керек.

Кыргызстандык саясат таануучу Орозбек Молдалиев Өзбестандын тышкы саясатындагы бул жылкы бурулушту мындайча чечмелейт:

- Ар бир мамлекет өзүнүн улуттук кызыкчылыгына карап, тышкы саясатынын багытын акырындык менен өзгөртө берет. Улуттун кызыкчылыгына жараша приоритеттерин өзгөртүп, карап турат. Орусияга Ислам Каримов үмүт арткан нерселер аткарылган жок. "Газпром" Өзбекстанга берген убадаларын аткарган жок, инвестиция келген жок. Европа мамилесин жумшартып, изоляция режимин жеңилдете баштагандан кийин анан Еврошаркеттин Борбор Азия боюнча стратегиясына Өзбектан да кирип, ал жерде реалдуу каражаттар каралып жаткандан кийин Өзбекстанга да тышкы саясатын өзгөрткөнгө туура келди. Болбосо (Еврошаркет) баштагыдай катуу бойдон калганда, Өзбекстан Орусиянын алкагында туруп турмак.

Ал эми ташкенттик саясат тануучу Ташпулат Юлдашев биз менен маегинде белгилегендей, ал аяктаган жылы Өзбекстан менен Батыштын мамилеси оңолду деген ырастоолорго кошула албайт:

-Мен минтип айтпас элем. Бир да өкмөт, анын ичинде Еврошаркет да өзбек өкмөтүнө ишенбейт. Ооба Еврошаркет өз стратегиясына ылайык, кандайдыр бир көпүрө түзүп, байланыштарды кармоого аракеттенүүдө. Бирок бул Өзбекстан толугу менен багытын Батышка буруп, Батыш бул чакырыкты кабыл алды дегенди туюндурбайт. Батыш этияттык менен аракеттенүүдө. Анткени Батыштын негизги талаптарын Өзбекстан аткарган жок. Батыш өлкөлөрү Өзбекстан аны аткарбосун да жакшы билет. Ал талаптар Өзбекстанда демократиялык жараяндарды өнүктүрүү, адам укуктарын камсыз кылуу, анан албетте сөз эркиндиги, журналистерди, адам укугун коргоочуларды куугунтуктону токтотуу ж.б. талаптар. Алардын эң башкысы Анжиян окуясына эл аралык иликтөө жүргүзүү. Бул шарттар Өзбекстан тараптан аткарылган жок.

Анжиян окуясы боюнча эл аралык иликтөө жүргүзүү демекчи, бул маселе андан бери үч жарым жыл өтсө да 2008-жылдын да күн тартибинен кеткен жок.

Башкача айтканда, жыл соңунда же 11-декабрда Өзбекстандагы адам укуктарынын абалы Женевада, БУУнун Адам укуктары боюнча кеңешинин жалпы Жалпы мезгилдүү байкоо деген сессиясынын алкагында каралды. Жалпы мезгилдүү байкоо БУУнун адам укуктары кеңешинин жаңы механизми. Ушуну менен үчүнчү гана сессиясын өткөргөн. Өзбекстандык укук коргоочу, Францияда катталган уюм- Борбор Азиядагы адам укуктары ассоциациясынын жетекчиси Надежда Атаеванын пикиринде, Женевадагы жыйындын соңунан кабыл алынган жыйынтыктоочу документтин өзбек бийликтерине берилген бир катар сунуштарынын арасында 2005-жылкы Анжиян окуясы боюнча көз карандысыз иликтөө сунушу да болду жана бул өтө маанилүү:

-Укук коргоочу катары жеке мен үчүн Өзбекстандагы адам укуктарынын сакталышына баа берген өлкөлөр бул маселеге артыкчылык жасаганы жана аны талкуудан кийинки сунуштарга алып чыкканы өтө маанилүү. Өзбек бийликтерине БУУнун Адам укуктары боюнча жогорку комиссарынын Анжиянда 2005-жылдын майында орун алган окуялар боюнча эл аралык көз карандысыз иликтөө жүргүзүү жөнүндөгү сунушун аткаруу сунуш кылынды. Мындай сунушту аткаруу эч убакта кеч эмес. Биз бул трагедияны, анын себептери менен натыйжасын иликтенмейинче, ушундай тргедия, балким андан да коркунучтуусу кайталануусу мүмкүн экенин түшүнүүбүз зарыл.

Бирок өзбек бийликтери жогорудагыдай чакырыктарды келечекте да орундачыдай эмес. Өлкөнүн Башкы прокуророунун орун басары Алишер Шарафидинов декабрда Женевадагы жыйында буларды айткан эле:

-Өкмөт проблема тынч, сүйлөшүү жолу менен чечилүүсү үчүн мүмкүн болгондун баарын колдонгон. Тартип коргоо органдары тарабынан күч колдонушуна террорчулар шыкакчы болгон, куралдуу террорчуларды зордук-зомбулукчул аракетине жооп чара катары жасалган. Күч өтө эле ашыкча колдонулган деген ырастоолордун негизи жок. Бул тергөөдө жана кылмыш иши сотто каралганда ырасталган. Анжиян окуясы боюнча эл аралык көз карандысыз делген иликтөө кабыл алынгыс экендиги боюнча Өзбекстандын принципалдуу туруму бекем жана өзгөрүүсүз бойдон калууда. Анын үстүнө эл аралык укуктук нормалардын биринде да эл аралык иликтөө жүргүзүү милдеттемеси жок.

2008-жылдан тарта Өзбекстанда өлүм жазасы жоюлду жана адамды камоого санкция берүү укугу прокуратурадан сотко өттү. Расмий Ташкент мындан эки жыл ашуун мурда кабыл алган чечим 2008-жылдын 1-январынан тарта күчүнө кирди. Ошентип Өзбекстан аяктаган жылы Борбор Азиянын өлүм жазасынан расмий түрдө баш тарткан акыркы өлкөсү болуп калды. Бул жылы Өзбекстанда адам укуктары жаатында жылыштар болдубу, абактан укук коргоочулардын чыгарылышы ушундай тыянак жасоого мүмүкүндүк береби? Биз бул суроону кайра эле укук коргоочу Надежда Атаевага жолдодук:

-Эгер чынында, кырдаалга акыл-эстүүлүк менен карасак, биз Өзбекстандын өкмөтү үчүн саясий качкындар, саясий айыпкерлер алар өлкөгө инвестиция алып келүүгө, өлкө үчүн жагымдуу имидж түзүүдө алмаштырууга аракеттенген товар экенин байкайбыз. Андыктан мен бүгүн өлкөнүн ичинде биздин кесиптештер, сыртта биз жүргүзүп жаткан иш калктын абалына оң таасирин тийгизип жатат деп айта албайм. Иш жүзүндө адам укуктарын массалык түрдө бузуу сакталууда, кээ бир учурларда курчуп да жатат. Менимче, өлкөнүн ичинде сөз эркиндиги жок кезде, укук коргоочулар коомдук көзөмөлдү ачык жүргүзө албаган кезде, бирок бул тууралуу альтернативалуу маалымат кызматтарда ачык айткандардын баарына кысым көргөзүлүп жаткан кезде, кырдаалга оң баа берүү азырынча эртелик кылат.

Аяктаган жыл ичи Өзбекстан Батыш менен мамилесин оңдоо мүдөөсүндө айрым укук коргоочуларды, активисттерди абактан чыгарганы менен кайра бир нечесин түрмөгө салды. Алардын белгилүүлөрү: журналист Салижон Абдурахманов он жылга түрмөгө кесилди, ушундай эле жаза мөөнөтүн Каракалпакстандан укук коргоочу Азам Тургунов да алды.

Түркмөнстан: тышкы саясатта өзгөрүү, ички саясат менен адам укуктарында жылыш аз

Бул өлкөнүн негизги саясий окуясы жыл соңуна туура келди. 14-декабрда өлкөдө парламенттик шайлоо өттү, анын алдында сентябрда өлкө жаңы Конституциясын кабыл алган. Муну менен Түркмөнстан дүйнөгө мурдагы президент, маркум Сапармурад Ниязовдун мурастарынан арылып жаткандай түр көрсөттү. Жаңы Конституцяга ылайык өлкөдө Ниязовдун доорундагыдай "Халк маслахаты" өңдүү орган болбойт. Мамлекеттик атрибуттар да акырындык менен Ниязовдун эн тамгаларынан арылууда. Мамлекеттик гимнден аны эскерген сөздөр алынып салынды, өлкөдө салттуу календар калыбына келтирилди. "Азаттыкттын" Борбор Азия боюнча аналитиги Брюс Панниер аяктаган жыл ичи Түркмөнстанда орун алган жараяндарды төмөнкүчө баалайт:

-Биринчи бөлүк - Түркмөнстандын тышкы саясатына келгенде, биз түркмөн өкмөтү Ниязовдун тышкы саясатынын элементтерин өзгөртүү, алардан арылуу боюнча колгондон келгенин жасады деп айта алабыз. Түркмөнстан азыр дүйнө үчүн жете аларлык, алар менен иштешүүгө болот. Ал эми ички өзгөрүүлөргө, ички саясатка келгенде, алар Конституциясын өзгөртүштү, бирок шайлоо мурдагылардан кыйла айрымаланды деп айтуу мүмкүн эмес. Андыктан менен тышкы саясатта көп реформа болду, бирок ички саясатта анчалык өзгөрүү орун алган жок деп айтаар элем.

Тышкы саясат демекчи 2008-жылы расмий Ашхабад Каспий боюнча коңшусу – Азербайжан менен мамилесин оңдоду. Президент Гурбангулу Бердымухаммедовдун май айында Азербайжанга жасаган сапары тырыхый визит катары бааланды. Бул түркмөн мамлекет башчысынын Азербайжанга 12 жылдан соң биринчи ирээт барышы болду. Мунун алдында март айында Ашхабадга азери элчиси кайтып келди. Жыл ичи АКШ-Түркмөнстан алакалары да жакшыргансыды. АКШ президентти Жорж Буш түркмөн президенти Гурбангулы Бердымухаммедов менен апрель айынын башында НАТОнун Бухаресттеги саммитинде жекеме-жеке жолугушуу өткөрдү. Мамлекетик катчынын Борбор жана Түштүк Азия боюнча жардамчысы Ричард Баучер май айынын соңунда Ашхабадда болгон учурунда "Азаттык жана Эркин Европа" радиосунун түркөн кызматына берген интервьюсунда, эки өлкөнүн алакалары жакшырганын айткан:

-Менимче, алакалар жакшырды. Менимче, биз бул жерде түркмөн өкмөтү, Түркмөнстандын калкы менен иштөөнүн жаңы мүмкүнчүлүктөрүн таптык, экономикалык долбоорлордо, билим алууну кеңейтүүдө, адамдарга адам укуктарын өнүктүрүүдө, коомго толук кандуу катышуусуна жардам көргөзүүдө.

Ошондой эле жыл ичи Бердымухаммедов Батыш өлкөлөрүнө да иш сапары менен барып келди. Еврошаркет менен маселелердин кеңири чөйрөсү, анын ичинде адам укуктары да талкууланган сүйлөшүүлөрдү өткөрдү.

Ал эми аяктаган жыл ичи Түркмөнстандын адам укуктары жаатындагы бедели кантти? Жыл соңуна карата же декабрь айында Борбор Азиядан Өзбекстан менен катар Түркмөнстандагы адам укуктарынын абалы да Женевада, БУУнун Адам укуктары боюнча кеңешинин жалпы Жалпы мезгилдүү байкоо деген сессиясынын алкагында каралды. Жалпы мезгилдүү байкоо БУУнун адам укуктары кеңешинин жаңы механизми. "Адам укуктары боюнча түркмөн демилгеси" деген бейөкмөт уюмдун жетекчиси Фарид Тохбатулиндин айтымында, ал жердеги угуулардын соңунда айтылган 19 сунуштун 13үн түркмөн бийликтери карап көрүүгө макул болду:

-Түркмөнстандын делегациясы өлкөдө адам укуктары боюнча көйгөйлөр бар экенин моюнга алууга жана 13 маселени иликтөө үчүн эске алууга аргасыз болушту. Бул бийликтер өлкөдө адам укуктары боюнча көйгөйлөр такыр эле жок деп билдиришкени менен өлкөдө андай көйгөйлөр бар жана олутуу экенин айтып турат. Бул - эл аралык коомчулукта берилген баанын бири. Экиничиси – Чек арасыз кабарчылар уюмунун баасы. Алар аяктаган жылы Түркмөнстанды сөз эркиндиги жагынан дүйнөлүк рейтингде кайра эле акырынан үчүнчү орунга жайгаштырышты. Бул сөз эркиндиги такыр эле жок дегенди билдирет. Мындан сырткары Эл аралык мунапыс, Хьюман Райтс Уочт уюмунун, түркмөн бийликтеринин көз карашында, өтө негативдүү отчеттору болду. Аларда Түркмөнстанда адам укуктарын бузуу баардык багытта уланып жатканы, оң өзгөрүштөр иш жүзүндө жок экени ачык айтылган. Эл аралык бул абройлуу уюмдардын отчетторуна макул болбой коюу кыйын.

БУУнун адам укуктары боюнча кеңешинде жыл соңунда өткөн талкуудан кийин Түркмөнстанга берилген сунуштардын арасында эркин маалымат каражаттарынын жаралышы үчүн зарыл чараларды көрүү, журналисттерди куугунтуктоону токтотуу, адам укугун коргоочулардын, оппозициячыл партиялардын эркин иштөөсүнө, абак жайларына Эл аралык Кызыл чырым уюмунун өкүлдөрү кирүүсүнө уруксат берүү өңдүү маселелер бар.

Фейруз Нишанова: Кыргызстанда жаш муунду улуттук музыкага үйрөтсөк

АКМИКАнын директору Фейруз Нишанова

Борбор Азия боюнча 4 жарым миң элдик шайырларды жана жаш шыгырчы, аспапчыларды даярдап жаткан Ага Хандын Борбор Азиядагы Музыкалык Демилгеси же АКМИКА Казакстандын билим берүү системасына киргизилген бардык балдарга тегиз музыкалык таалим берүүнү көздөп жатат.

АКМИКАнын директору Фейруз Нишанова жакында эле Кыргызстанда өзбек, тажик, кыргыз музыканттарынын чыгармаларын жаздыртып келген. Ал жетектеген Ага Хандын борборазиялык музыкалык демилгеси Кыргызстандан Теңир-тоо тобун, Нурак Абдрахманов өңдөнгөн таанымал ырчыларды чет элдик гастролдорго алып чыгып жүрөт. Болгондо да Батыштын мен-мен деген атактуу ырчылары да оңой менен чыга албаган сахналарга алып чыгат.


-Бул ирет Париждин белгилүү шаардык театрында Борбор Азиялык ырчы кыздарды, анын ичинде Кыргызстандан Теңир тоонун комузчусу Гүлбар Байкашкаева жана жаш кыл-кыякчы Залина Касымова концерт коюшту. Эмне үчүн жалаң кыздар?

- Бул өтө маанилүү тема, бүгүн эле эмес, ар дайым маанилүү болгон. Азыр айрыкча Батышта бул маселе кабыргасынан турат. Батышта чыгыш аялдары, мусулман аялдар тууралуу түшүнүктөрү өтө чектелүү, ал эми Борбор Азиялык кыз-келиндер тууралуу такыр эле түшүнүгү жок, же таптакыр тескери ойдо жүрүшөт. Менимче, бүгүнкү концерт сыяктуу программалар мына ушул стереотиптерди жоюуга көмөк болот.

Бул аялдар сахнанын гана эмес, жашоонун да чок ортосунда турушат. Аларды сыйлашат, алар башка эч ким кыла албаган иштерди аткарышат. Бир эле мезгилде бул концерттер аймактагы аялдардын өтө жогорку деңдээлдеги музыкалык байлыгын көрсөтүүгө мүмкүндүк берет. Алар эркектердин жанрларын толугу менен өздөштүрүп гана тим болбостон, кайсы бир деңгээлде алардан да ашып түшүп, бул музыканы таптакыр бөлөк баскычка чыгарышты.

Бул тууралуу көптөр биле бербейт. Ошондуктан мындай музыканы ушундай кең-кесири, жогорку деңгээлде элге көрсөтүү, бир эле мезгилде көчмөн элдер менен отурукташкан улуттардын аялдарын таанытуу, ал маданияттардын бир-бирин толуктаган байлыгын көрсөтүү мүмкүнчүлүгүн биз колдон чыгаргыбыз келген жок.

- Бүгүн Парижде сахнада ойной турган ырчы кыздардын айрымдары силердин уюм чыгарып жаткан Борбор Азиянын музыкалык антологиясына киргенин билем. Ал антология 10 бөлүмдөн туруп, азырга чейин алтоо чыкты. Мындан аркы пландарыңар кандай?

- Бул антологияда эң мыкты музыка бар! Бул ишти биз АКШнын улуттук музеи болгон Смитсонианс институту менен 2002-жылы баштаганбыз. Ал жылы Вашингтондо өткөн "Жибек жол" фестивалындагы кызматташтык ушунчалык кызыктуу болгондуктан, биз Борбор Азиянын дүйнөдөгү алгачкы антологиясын түзөлү деп чечкенбиз. Антология музыкалык компакт дисктен, документалдуу тасмадан жана китепчеден турат. Китепчеде исскуствонун тигил же бул турү тууралуу гана баяндалбастан, ар бир аткаруучусунун өмүр баяны да бар. Чынында да сиз айтып жаткан ырчы кыздар биздин төртүнчү томдо.

Бул диск баштан аяк Борбор Азиялык аялдардын исскуствосуна арналат. Алты диск чыгардык, алар элге алынып кеткендиги биз үчүн да күтүлбөгөн окуя болду. Азыр биз дагы үч томдун үстүнөн иштеп жатабыз. Убакыт өткөн сайын антологиясынын концепциясында айрым өзгөрүүлөр болуп жатат. Эң башында биз классикалык салттуу өнөрдү көргөзгөнбүз. Мисалы, көптөр биле бербеген кыргыз ыр-күүлөрүн, тажиктердеги шаш-макамды, Азербайжандагы мугамды, хоженттик аял-ырчылардын чыгармаларын алып чыктык.

Азыр болсо биз менен алты жылдан бери иштешип келаткан таланты таңшыган ырчылар, алардын шакирттери өз искусствосун гана өздөштүрбөстөн, Батыштагы музыканттарга тең ата боло ала тургандай деңгээлге жетип калышты. Биз бир топ жылдан бери Борбор Азиядагы музыканттарга алыстан келген, эл билбеген ырчы-шайырлар деп үстүрт карабастан, аларды сахнада өздөрүнө тең кабыл ала турган музыканттарды издеп келдик. Акыры биз бүт дүйнөгө таанымал, атактуу Грэмми сыйлыгына сансыз жолу көрөтүлгөн жана ал сыйлыкты көп жолу алган, ар кыл өлкөлөрдөн кесиптештери менен тең ата ойногон шериктерди таптык.

- Буга чейин силер кытайлык атактуу веоленчелист Йо-Йо Ма менен ушундай долбоорлорду даярдадыңар эле го?

- Йо-Йо Ма менен музыка Борбор Азиядан таасир алганы менен, дал ошол Батыш угармандарына арналган болчу. Ал убакта диалог жок эле. Азыр эми батыш жана борбор азиялык музыканттар биригип, бир мезгилде жаңы композицияларды чыгарып жатышат. Батышта Кронус деген топ бар. Алар менен биз эки программа даярдадык. Бирөө азербайжандык Алим Касимов жана анын ансамбли менен. Алим Касимов чыгарган чыгармалар менен быйыл Лондондогу Барбикан борборунда сезон башталды. Программаны угармандардын өтө жакшы кабыл алганы бизди кубандырды. Экинчи программабыз "Кронус жана ооган музыкасы" деп аталат. Анда оогандык белдүү композитор Хумаян Сахи чыгарган бир нече чыгарманы Кронус дүйнө боюнча аткарып жүрөт.

- Сахи учурда Кошмо Штаттарында жашайт эмеспи. Ал эми Ооганстанда талибдер күчөдү. АКМИКАнын Ооганстанда да мектептери бар, алар кантип атат?

- Биз музыкалык өнөр жаатында бул демилгени баштаганда программабыз бир нече багытта кеткен. Башкысы - мектептерди, устаттарды таап, Кыргызстанда, Казакстанда, Ооганстанда балдарды окутууга шарт түзүү эле. Биз аларга эң жөнөкөй административдик жана каржылык шарттарды түзүп берели дегенбиз. Ошондо алар өз өнөрүн жаш муундарга үйрөтүү менен гана чектелбестен, кийинки угармандарга да өз өнөрүн жеткирсе дегенбиз. Анткени угармандар өздөрүнүн улуттук музыкалык мурасын билбей баратат.

Борбор Азияда мугалимдерди таап, аспап жасаган усталарды ишке алдык, имаратты ижарага алып, кадимкидей иштеп жатабыз. Ал эми Ооганстанда устат табыш кыйын. Талибдердин бийлиги тушунда музыкага таптакыр тыюу салышканын билесиз, аспаптарды талкалап, музыканттар коңшулаш Пакистандын Пешавар, Квета шаарларына же таптакыр башка жактарга качкан, же түрмөгө түшүп, болбосо кесибин алмаштырып, башка иштер менен алектенип калган.

Ошондуктан биз Кабулда биринчи мектепти ачканыбызда, мугалим, окуучуларды таптык, бирок аспаптарды, аспап жасагандарды табыш мүмкүн эмес эле. Кээде биз мындай аспаптарды Лондондо ооган эмигранттары жашаган оодандарынан сатып алчубуз. Анткени ал жакта усталар өз кесибин үзгүлтүксүз улантып келишкен. Биз алардан аспап алып, Кабулга жөнөтчүбүз. Азыр албетте көп нерсе өзгөрдү. Азыр Кабулда мыкты жабдылган устаканабыз бар, анда усталар иштейт. Азыр биздин мектеп Кабулда гана эмес, Гератта да иштеп жатат.

Бирок албетте кыйынчылыктар кала берүүдө. Анткени тескери түшүнүктөр жоюла элек. Мисалы кыздарды ата-энелери музыка үйрөнгөнгө оңой менен жибербейт. Бул өтө өкүнүчтүү, анткени Ооганстанда кылымдардан бери дал ушул аялдардын музыкалык өнөрү өтө өнүккөн болгон. Париждеги биздин концертте көрөөрсүз, Өзбекстандан, Кыргызстан, Түркмөнстан, Казакстандан шайыр кыздар келди. Ал эми Ооганстандан эч ким жок, себеби биздин мектептерде аз гана санда кыздар окуйт. Албетте биз бул жааттагы аракетибизди уланта беребиз. Негизгиси бизде аз да болсо кыздар бар, аларды ата-энелери өздөрү макул болуп жиберишкен. Бул өтө кубанычтуу.

- Борбор Азияда силердин уюм жергиликтүү элдердин музыкалык чыгармачылыгын колдогон саналуу фонддордун бири болуп саналат. Ушуга байланыштуу силер колдогон Теңир-тоо тобунун комузчусу Гүлбара Байкашкаева мага жакында "мындан 10 жыл мурда эле мындай өнөр жакын арада жок болот дешчү, бүгүн ал тескерисинче кайра жаралып, элдик өнөргө жаштар арасында кызыгууу күчтүү болуп жатат, мындай өзгөрүүдө АКМИКАнын салымы зор" деп айтты. Ушуга байланыштуу силерде канча мектеп бар, канча окуучу бар? Жалпысынан айта кетсеңиз.

- Биз Борбор Азияда жаңы гана ишибизди баштаганда, баарынан да элдик кесипкөй ырчы-шайырларга болгон урмат-сый өтө төмөн экендигине күбө болгонбуз. Комузда ойноп, кыл кыяк тарткандарды көпчүлүк көңүл бурбайт, алар үй-бүлөсүн багууга жете тургандай айлык алышпайт. Ушундан улам ата-энелер балдарын бизге берсекпи-бербесекпи деп күмөн санашчу. Биз жергиликтүү шайырлар менен таанышканда, алар өтө жогорку, эл аралык деңгээлдеги кесип ээлери экендигин түшүндүк.

Колдо бар алтындын баркы жок демекчи, көп учурда чет өлкөдө таанылгандарга гана өз мекенинде урмат-сый көбөйөт экен. Алардын кирешеси да жогору болот. Ошондуктан биз музыканттарга Батышка жол ачууну максат кылдык, алар кетип калсын деп эмес, Батышта өз өнөрүн эң жогорку деңгээлде көрсөтсүн дедик. Аларда мурда мындай деңгээлге чыгууга мүмкүнчүлүгү жок болчу. Биз мындан беш жыл мурда дал ушундан, алардын концерттерин чет өлкөлөрдө уюштуруудан баштаганбыз.

Бул жеңил болгон жок. Борбор Азиянын музыкасын мурда муну менен алектенбеген театрларда көрсөтүш керек эле. Биз атактуу опера театрларын, мюзик-холлдорду тандап, зор оюндарды койгон театрларды таптык. Аларды бизди кабыл алгыла деп көндүрүш керек болду. Анан бул музыканы Батышта эл түшүнгүдөй кылып көрсөтүү зарыл эле. Ал үчүн ырларды которуп, операдагыдай, ырдын ар бир сабын субтитр менен жаздык. Сахнанын төрүнө чоң экран орнотуп, музыканттардын мекениндеги күнүмдүк турмуштан тасма көрсөттүк.

- Башкача айтканда, бул жөнөкөй концерт эмес, өзүнчө эле мультимедиалдык долбоор турбайбы?

- Ооба, мындай оюн-зоок менен биз элди кызыктырдык. Бул концерттер тез эле оозго алынып кетти. Маалымат каражаттарында кеңири маалымат болот, артисттер гастролдордон бир топ эле акча таап кайтышат. Айтор ушулардан улам, ата-энелер эшик кагып, балдарын эрчитип келе башташты. Ошондуктан бизде окуучулардын саны улам өсүп жатат. Азыр Борбор Азия боюнча, устаттар 4 жарым миң шакиртти окутуп жатат.

Бизде окутуу эки деңгээлде жүрөт. Биринчиси бул аткаруучуларды тарбиялоо. Бул жаңы муун өз устаттарынын ордун басат. Экинчи деңгээл – бул угармандарды даярдоо. Ооба, өзүңөр билгендей, Борбор Азияда интернет байланышы өөрчүп жатат, аймак дүйнөлүк маалымат агымына кошулуп калды. Ушундан улам батыштык поп музыка улуттук классикалык элдик музыкага конкуренция түзүүдө.

Эстрадалык музыканы табыш, угуш оңой, аны компютерге же флэш-дискке көчүрүп алып угушат. Ошондуктан, угарманды тарбиялоо сөзсүз керек. Казакстандагы биздин программа дал ушуга басым жасайт. Азыр ал жакта 3 миңдей окуучубуз бар. Биздин мугалимдер башталгыч мектептерге барып, балдарды шыктуу, шыксыз деп бөлбөстөн, баардыгына колуна домбра карматып, күү ойногонду үйрөтүшөт, күүлөрдүн тарыхын, сырларын жатык тил менен түшүндүрүшөт.

Бул программа азыр Казакстандын Билим берүү жана маданият министрлиги тарабынан кабыл алынды, башкача айтканда ал бүт өлкөдө колдонулат. Кыргызстанда биз аткаруучулардан баштадык, аткаруучулардын эки муунунун тарбияладык. Мындан ары эми бүт өлкөнүн деңгээлинде башталгыч класстардагы музыкалык билим берүүгө анча-мынча өзгөртүү киргизсекпи деп жатабыз. Бул үчүн балдарды элдик классикалык музыкага үйрөтүү боюнча эң жөнөкөй, бирок сапаттуу усулдарды ишке киргизиш керек.

Кыргызстан экономикасы: 11 айдын жыйынтыгы

11 айдын ичинде Кыргызстанда ички дүң продукт көлөмү 7,6% өстү. Анткен менен эмдиги жылы өлкөнү кандай жагдай күтүп жатканын боолгош кыйын.

Кыргызстандын экономикалык өнүгүү жана соода министри Акылбек Жапаровдун айтуусунда, инфляциянын кескин көтөрүлбөй, бир калыпта кармалып турушуна өкмөт менен Улуттук банктын жай ортосунан тарта биргелешип жүргүзүп келаткан акча-кредит саясаты өбөлгө түздү.

- Биздин ички дүң продктубузга караганда соода-сатык жүргүзүүбүздүн көлөмү көбөйдү. Анын ичинде экспорт 28,5% көбөйдү. Муну биздин журналисттер менен сынчыларыбыз көп жакшы айтпай жатышат. Экспортко эле биз быйыл 1 миллиард 700 миллион доллардан ашык товар чыгарып жатабыз,- деп билдирди министр маалымат жыйынында.

А.Жапаров жыл аягына чейин импорт көлөмү 47% жетиши мүмкүн экендигин айтты. Акчага которгондо бул Кыргызстанга 4 миллиард 100 миллион долларлык товар ташылып келет дегенди түшүндүрөт. Антип ташылып келинип жаткан буюмдардын тең жарымы заманбап технологиядагы жабдуулар экенин А.Жапаров атайын белгиледи. Мындан бир ай мурда Акылбек Жапаров Кытайдын соода министринин билдирүүсүнө таянып, ал жактан Кыргызстанга 6 миллиард долларлык буюм жөнөтүлгөнүн, бирок өкмөт оңор эмес ал буюмдардын чын эле Кыргызстанга өткөнүн такташтыра тургандыгын эскерткен.

11 айдын жыйынтыгы боюнча өнөржай тармагы “Кумтөр” алтын кенинин аркасы менен 15,2% өсүшкө жетишкен. “Кумтөр” алтын кенин алып койсо өнөржай өткөн жылдын ушул кезиндеги деңгээлине деле жете албай калды. Ушундай эле көрүнүш курулуш тармагында да байкалды.

Жыл башында белгиленген көрсөткүчтөрдү тейлөө тармагы гана камсыз кылды. Кыргызстан экономикасынын дурус дегидей көрсөткүчү ошентип “Кумтөр” алтын кени менен тейлөө тармагынын эсебинен жаралды.

Дүйнөлүк каржы кризисинин айынан мындан ары Кыргызстанга агылып келчү сырттагы эмгек мигранттарынын акчасы азайганы туру. Ички дүң продукттун 25% түзгөн андай ири акчанын сээлдеши калктын сатып алуу мүмкүндүгүн тарытып, Кыргызстан экономикасын алдыга сүрөп жаткан тейлөө тармагынын өнүгүшүн басаңдатышы турулуу иш. “Инвестициялык тегерек үстөл” долбоорунун жетекчиси Равкат Хасановдун ырасташынча, анткен менен калктын сатып алуу жөндөмү азырынча бийик бойдон калууда.

- Экономикада резерв пайда болду. Анын көлөмү аябай эле чоң. Эгер сандарга кайрыла турган болсок, азыр керектөө өндүрүштөн 20% жогору болууда. Башкача айтканда, завод миллион сомдук товар чыгарса, анын продукциясын алчулардын катары 20% арбын. Базар-нарк шартында бул өндүрүштүн өйдөлөшүнө алып келет. Мына ушул резерв азырынча бизге көмөк көрсөтүүдө.

Бирок да алдагыдай айырма дагы канчалык сакталарын так айтыш кыйын. Быйыл курулуш деми кыйла басаңдап, өткөн жылдын деңгээлине жете албай калышы эле Кыргызстанга каржы кризиси башбактап калганын көрсөтүүдө. Сырттан келип жаткан мигранттардын акчалары мындан ары кыйла азайып, бул өз кезегинде экономикалык өсүшкө терс таасирин тийгизерин “Акшумкар” партиясынын төрагасы Темир Сариев да ырастады. Анын пикиринде, инфляция деңгээли өтөле бийик бойдон калууда.

- Айлык, пенсия, жөлөкпул 30% өскөн жок. Анчалык өспөгөн соң бул бюджеттегилердин былтыркы иштеп аткан айлыгынан быйыл 30% аз алып калды деген сөз. Инфляция 28% болуп атпайбы. Расмий инфляция менен реалдуу инфляциянын ортосундагы айырма аябай эле жогору. Анткени инфляция 350 товарлардын тизмеси менен берилет. Ал эми расмий маалыматтарда инфляция, айрыкча айыл жериндеги инфляция 20 – 25 товар менен эле чектелет. Алардын баасы эки эсе өсүп кетпедиби.

Т.Сариев өнөржай өндүрүшүнүн өтөле төмөн түшүп кеткенин белгиледи. Ушу тапта чыгарган продукциясы өтпөй, Канттагы цемент-шифер комбинаты токтоп туру. Өкмөт анын продукциясын Орусиянын Сочи шаарындагы олимп оюндарынын курулушуна сатып-өткөрүүнүн амал-аргасын издөөдө.

Казанда болсо – чөмүчкө

Парламенттеги социал-демократиялык фракция 2009-жылдын бюджетин колдоодон баш тартты. Мyну алар эмдиги жыл бюджетинде башкаруу чөйрөсүндөгүлөргө арбын акча бөлүнүп калганы менен түшүндүрүшүүдө.

Ал жөнүндө «Азаттыктын» бүгүнкү талкуусунда кеп болот. Ага парламент депутаттары «Акжол» фракциясынын өкүлү Ажыбай Калмаматов менен социал-демократиялык фракция жетекчиси Бактыбек Бешимов ой бөлүшөт.

- Ажыбай мырза, бюджет кабыл алынып жаткан чакта парламенттеги социал-демократиялык фракциянын өкүлдөрү бул бюджет чиновниктер бюджети, мурда ал максатка 28% акча бөлүнсө бул ирет 38% көтөрүлүп кетти, деген кинесин коюшту. Сиздин пикириңиз кандай?

Ажыбай Калмаматов: - Эми бул жерде экономикалык жүйөөсүнө караганда саясий жүйөөсү көбүрөөк болуп кетти окшойт. Эки ай мурун бюджеттин чыгаша бөлүгү 47 миллиард сомду түзөрүн 2 ай мурун алдыбызга алып келип койгон. Киреше бөлүгү 44 миллиарддан ашуун. Бюджет таңкыстыгы 2 миллиард 800 миллион сом болуп жатат. Мурда 3,5% миллиард сом болчу. Ал эми мамлекеттик кызматтагыларга бөлүнгөн акча жалпы бюджеттин 28% эле түзөт. Бул былтыркыга караганда 0,8% азайганын билдирчү сан. Кыргыз айтат го, “казанда болсо чөмүчкө чыгат” деп. Чыгым бөлүгү 47 миллиард сом. Акча жетиштүү болсо аны аны башка жакка чачар жөнүбүз жок. Болгон акчаны социалдык тармакка беребиз. Бюджетибиздин аздыгы, тардыгы кендирди кесүүдө.

- Бактыбек мырза, сиз башкарган фракциянын бюджетти кабыл алууга каршы чыгышынын себеп-жөнүн айта кетесизби?

Бактыбек Бешимов: - Бюджет азыркы турушунда кабыл алынышы туура эмес деп чыктык. Биз мурунку үч жылдык бюджетти карап чыктык. Мурунку бюджеттер деле социалдык маселелерге бурулган бюджет болчу. 2009-жылы жалпы чиновниктерге эбегейсиз акча каралыптыр. Мурда 28% болсо кийинки жыл бюджетине 45% каралган. Эки эсе өсүп кеткен. Президенттик акимчиликке 45%, өкмөт аппаратына 35%, ал эми мамлекеттик күзөт кызматына 75% көп акча бөлүнүп жатпайбы. Мунун себеби жөпжөнөкөй, А.Атамбаев өкмөт башчы болуп турганда бюджет уурдагандарга чекит коюлган. Эч ким ага акча берип кой деп кийлигише алчу эмес. Биз жалаң эле сындап отуруп албай, бюджет кандай болушун көрсөттүк. Эң биринчи айыл чарба продукциясын кайра иштетүүгө каражат бөлүү, жакырчылыкты жоюу үчүн социалдык колдоого муктаж катмарга колдоо көрсөтүү.

- Ажыбай мырза, бюджет талкуусу экономикалык кризиске байланыштуу чоң талашка айланып кетти. Өкмөттүн кризистке каршы программасы жок, ошол себептүү бул бюджетти кийинчерээк кабыл алалы, деген сунуштар түштү.

Ажыбай Калмаматов: - Азык-түлүк коопсуздугу, дегеле экономикалык кыйын абалдан чыгуу жөнүндө өкмөт ушул жылдын август айларында эле аракет кыла баштаган. Материалдык резервге май айынан баштап эле кызыл данды жетиштүү камдоо иши башталган. Анан программа жок, деп эле бизди мектеп окуучусундай доскага такаганы туура эмес.

- Бактыбек мырза, парламенттик талкууда өкмөттүн кризиске каршы туруу боюнча программасы жоктугу сынга алынды. Өкмөт аны бюджет кабыл алынгандан кийин алып келерин айтууда, сиздин пикириңиз.

Бактыбек Бешимов: - Биздин бюджетти колдобогонубузга мына ушул жагдай да себеп болду. Экономика министрлиги алдыдагы үч жылга эсептелген стратегиялык программаны иштеп чыккан. Ал Жогорку Кеңеште бекитилиши керек. Бюджет кабыл алынганча өнүгүү стратегиясы каралган да жок. Бюджет менен стратегиядагы сандык көрсөткүчтөр, ички дүң продукт көлөмү, инфляция, бири-бирине туура келбей жатат. Стратегиянын негизинде кризиске каршы программаны иштеп чыкпай эле бюджетти алып келишти. Биз “акжолчуларды” чогулуп отуруп бир позицияга келип анан алып чыкпайсыңарбы, деп жатабыз. Стратегия өзүнчө, бюджет өзүнчө. Анан да азыркы бийликтеги “акжолчулар” бурч-бурчта отуруп алып эле ар кими өзүнчө бирдемелерди айтып олтурушат. Бул өкмөттүн башчысы ким? Ар ким ар нерсени айтып жатышат. Бюджетти пайдаланып, булар дагыле уурдап жатышат.

- Ажыбай мырза, бюджетте ички дүң продукттун өнүгүшү 6%, андан кийин азыраак төмөндөө менен белгиленери айтылыптыр. Ушуга сиз ишенесизби?

Ажыбай Калмаматов: - Мен реалдуу деп эле ойлойм. Жаңыдан өнүгүп келаткан өлкөлөргө бул мыйзамченемдүү эле көрүнүш. Экономикасы өнүккөн өлкөлөрдө 4- 5% өсүш өтө чоң деп эсептелет. Өнүгүү жолуна түшкөн өлкөлөр үчүн бул дурус көрсөткүч. 2003-жылы чыгаша 16 миллиард 200 миң сомго жеткен экен. 2004-жылы 18 миллиард 300 миллион экен. 4 жылдан кийин 47 миллиардга чыгышыбыздын өзү эле өсүш эмеспи. Бул шибегени ката албагандай эле ачык турган нерсе.

- Бактыбек мырза, мынабул сандык көрсөткүчтөр өтөле көтөрүңкү маанайда эмеспи?

Бактыбек Бешимов: - Мен бул сандарга ишенбейм. Ушул бюджеттин алдында фракциялардын кошмо жыйынында өкмөт башчы өзү келген, ал кышкы дарядыктын абалы боюнча маалымат берген. Мен анын алдында Өнөржай, энергетика министрлигине кат менен кайрылгам. Алар 1-октябрга Токтогул суу сактагычында суунун көлөмүн 12 миллиард кубометрге жеткирүү аракетин көрүп жатышканын билдиришкен. И.Чудинов болсо 2009-жылы Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 6 миллиард калат деп жатат. Биз Тажикстанга канча энергия сатабыз деп сурасак эч ким билбейт. Экономикалык жайдары сандар ириде адамдардын жашоосунда, чөнтөгүндө сезилиши керек.

- Ажыбай мырза, сиздин кесиптешиңиз Эрнест Акрамов мырза парламенттик талкууда бюджеттик акчалардын канчасы уурдаларын сурап, бирок тыңгылыктуу жооп ала албады.

Ажыбай Калмаматов: - Бул өзү дүйнөлүк практикада жолукчу нерсе. Анын канча пайызы уурдаларын так көрсөтүү кыйын. Ал иштер менен бизде Эсеп палатасы шугулданат. Менин угушумда, мисалы, бөлүнгөн акчанын 10% жакынын тендер болуп жатканда эле алып коюшат экен. Курулушта да өөнөлөрү айтылып келет. Менимче, анын өлчөмү 20-30% тегерегинде болуш керек.

- Бактыбек мырза, Э.Акрамов козгогон маселеге сиздин пикир.

Бактыбек Бешимов: - Э.Акрамов “Акжолдогу” чынчыл депутаттардын бири. Кантип жооп беришет. Ал киши бүт сандарды салыштырып отуруп, жанагындай жыйынтыкка келген. Бирөө да кызарган жок.

- Ажыбай мырза, бул ирет деле социалдык бюджет кабыл алынганы айтылды. Реалдуу секторго жетиштүү каражат бөлүндүбү?

Ажыбай Калмаматов: - 1992-жылдан бери бизде социалдык бюджет кабыл алынып келатат. Анын себеби деле белгилүү го. Бизде бул тармак начар өнүккөн. Каалайбызбы-каалабйбызбы, көңүл бөлүнүп келе жатат.

- Бактыбек мырза, сиздин пикириңиз.

Бактыбек Бешимов: - Азыркы түрүндө бул бюджет чиновниктердин бюджети, укук коргоо эмес, укук коргоо органдарынын бюджети.

- Мырзалар, убакты-саатыңарды бөлүп талкууга катышып бергениңиздер үчүн ырахмат!

Тажик динаятчысы Исламды туура окутууга чакырды

Тажик мектептери да жоолукчан сабакка келүүгө тыйуу салышты

Тажикстандагы белгилүү саясатчы жана динаятчы өлкөнүн билим берүү системасын сындап чыкты. Ал тажик мектептеринде ислам жана Мухаммад пайгамбар жөнүндө натуура маалымат таркатылып жатат дейт.

Хожи Акбар Туражонзода бул тууралуу Билим берүү министрине жолдогон ачык катында жана бир топ маалымат каражаттары менен болгон интервьюларында айтты. Анын оюнда, ислам боюнча дарстар үчүн жазылган китептерде авторлор кээде «адамды капа кылганчалык деңгээлде фактыларды бурмалап, натуура нерселерди жазышат».

Тажик парламентинде Жогорку палатанын мүчөсү Туражонзоданын айтканына караганда, ислам боюнча ал китептерде Мухаммад пайгамбар Алланын элчиси катары эмес, жөн гана жаңы динди түзүүчү катары көрсөтүлгөн. Ал эми Куранды болсо Мухаммад пайгамбардын өзүнүн гана ойлоп чыгарган китеби деп аташат.

Айрым китептерде, мисалы, 6-класстын окуучуларына чыгарылган «Орто кылымдын тарыхы» китебинде, Кудайдын айткандары пайгамбардын ойлору деп көрсөтүлүп, Исламдын негизги принциби бурмаланган дейт ал.

Китепте, мисалы, Исламдагы айрым маанилүү ойлор Мухаммад пайгамбар менен Меккедеги уруу башчылары ортосунда жетишилген саясий келишим катары көрсөтүлгөнү динаятчынын зээнин кейиткен башкы маселелерден болду.

«Азаттыктын» тажик редакциясынын суроолоруна жооп берип жатып, Туражонзода учурунда совет бийлиги да, толугу менен атеисттик мүнөзүнө карабай, баары бир тарыхый фактыларды бурмалаганга барган эмес, деди.

Тажикстандын Билим берүү министрлиги Туражонзоданын катына расмий жооп кайтара элек. Бирок министр Абдулла Рахмонов «Азаттыкка» билдиргенине караганда, алар айрым окуу куралдарын кайра жазып чыгууну пландаштырып жатышат. «Ошентсе да бул азырынча башкы максаттарыбызга кирбейт, анткени азыр мектептерди кандай болбосун китеп менен камсыздоонун өзү машакат», - деди ал.
Туражонзода - исламчыл оппозициянын мурдагы лидери


Ал эми Дин иштери боюнча мамлекеттик комитеттин мурдагы башчысы Саид Ахмадов динаятчы айткан сынга эч кошула албай тургандыгын, анктени ислам боюнча китептер баары арап тилиндеги диний материалдардан алынып, туура которулганын айтат. Ахмадов, тетирисинче, белгилүү динаятчыны мектеп окуучуларына маалыматты цензурадан өткөрүп берүүнү сунуштап жатат деп айыптады.

Туражонзода өзү исламчыл оппозициянын мурдагы лидери. Ал болсо окуучулар ислам тууралуу алып жаткан азыркы жалган маалымат алардын ойлорун такыр бурмалаганга багытталган дейт.

«Буйрук президенттин өзүнөн чыкпаса керек деп ойлойм. Мамлекеттин Билим берүү системасына жана идеология боюнча органдарына негизинен советтик мезгилде атеисттик маанайда тарбияланган адамдар тартылышкан, - дейт Туражонзода.

Ушул жуманын башында Душанбедеги Сино районунда мечитти расмий лицензиясы жок экен деп жабышкан. Бул мечит 1928-жылдан бери иштеп турган эле. СССРдин тушунда да аны жабышкан эмес. Акыркы эки жылда өлкөдө ондогон мечиттер жабылды. Душанбеде кеминде эки мечитти лицензиясы жок деп сүрдүрүп салышкан. Кээ бир мурдагы мечиттер азыр бассейнге, коомдук мончолорго айландырылды.

Ошол эле учурда хижаб кийинүүгө да мектептерде тыйуу салынды. Айрым аялдар жумушка жоолук салынып келсе, кызматтан кетиребиз деп коркутушкан.

Бийликке кулак кагыш - кол топтоо башталганы жатат

19-декабрдан тарта Бишкектеги «Ош» базарынын кире беришинде «Атамекен» социалисттик партиясынын жаштары кол топтоону башташат. Иш-чаранын максаты бийликтен оппозицияны куугунтуктоосун токтотууну талап кылуу, өлкөдөгү саясий окуяларга көпчүлүктүн көңүлүн буруу.

Кыргызстандагы саясий системаны өзгөртүү демилгесин азыркы бийлик каршылаштары 2005-жылкы март окуясынан бери эле такай козгоп келатышат. Ансыз өлкө “үй-бүлөлүк башкаруудан” арылбай, коррупциянын туткунунда кала бере тургандыгы 29-ноябрдагы курултайда дагы бир жолу ырасталган.

- Жалпысынан оппозициянын негизги талабын айтып, өлкө башчыларынын алдында аны коебуз. Талаптарды бийликтегилер аткарышы керек. Мамлекетти башкаруу системасында кардиналдуу өзгөрүүлөр болмоюн, Конституция өзгөртүлмөйүн, кандайдыр бир жылыш, өзгөрүү же жаңыланууну жакын арада көрө албайбыз. Аны жаңы бийлик тушунда байкап келатпайбызбы,- дейт парламент депутаты, социал-демократиялык фракциянын мүчөсү Иса Өмүркулов.

А бирок жаңы системага жетүү жолдорун тандай келгенде бийлик каршылаштарынын арасында азырынча бирдиктүү пикир, макулдашылган ачык, так позиция жок экендиги ошол эле оппозицйия курултайынан кийин дайынга чыгып калды. Саясат таануучу Токтогул Какчекеевдин ырасташынча, азыркы бийликтен кардиналдуу өзгөрүүлөрдү, кескин жаңыланууларды күтүш деле кыйын.

- Бийликте отургандар аны атасынан калган мурастай, отурган орду үчүн баарына баарына макул боло беришет. Демократияга деле макул, Конституцияга макул, айкындыкка макул болуп башын ийкеп олтура берет,- дейт ал.

Токтогул Какчекеев Кыргызстанда бийликте отургандар өзүн жаактуудан жаңылбас, жандуунун мыктысы катары сезишет деген пикирде. Андайда бөлөк бирөө деле өз өлкөсүнүн алдыга жылышы үчүн башкача ой-пикир айтып, өзгөчө позицияны көтөрүп чыкса ага ичи тарып, аны басмырлаганга, тепкилегенге аракет кылышат.

Экинчи бир саясат таануучу Марат Казакбаев бүгүнкү бийлик каршылаштары атаандаштарына курулай жалаа жабуудан, жеңилбаа демилге-чакырыктардан өйдө көтөрүлө албай жаткандыгына токтолду.

- Такай нааразылык акциялар болуп жатса эл деле тажайт. Оппозициянын авторитети түшүп жатат. Мындай чыга берсе булардын милдеттери аткарылбайт. Башка инструменттер керек. Анын баарын, менин оюмча, жаштар сезип жатат.


Парламент депутаты, “Акжол” фракциянын өкүлү Осмонаалы Аттокуров Кыргызстан демократиялык өлкө, ошол себептүү “атамекенчилер” каалаган колдорун каалаганча топтой беришке акылуу деген пикирде.

- Мындан эч кандай деле натыйжа чыкпайт.

О.Аттокуров азыркы бийлик тарабынан оппозицияга атайылап кысым көрсөтүлүп жатат деген пикирге кошулбастыгын ырастады. Ал эми кол топтоого бийлик кандай мамиле жасарын, анын оюнча, айтыш кыйын.

- Ага кандай реакция жасарын убакыт көрсөтөт. Кол топтоону алар эми баштап жатышпайбы,- дейт парламент депутаты О.Аттокуров.

Атамекенчилер тараткан билдирүүдө оппозиция өкүлдөрүн кылмыш жоопкерчилигине тартуу аракети кийинки кездери көбөйүп баратканы, андан чочулаган оппозициянын айрым өкүлдөрү баш калакалап чет өлкөлөргө кетишке мажбур болуп жатышканы, аларды өкмөттүк маалымдоо каражаттарында жаманатты кылуу токтолбой жатканы айтылат.

Жазга чейин Токтогулду толтура алабызбы?

Кыргызстанга эмгек сиңирген энергетик, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Райымбек Мамыров премьер-министр И. Чудиновдун Токтогул суу сактагычында суунун көлөмүн 1-апрелге карата 6,5 миллиардка жеткиребиз деген билдирүүсү ишеним туудурбай жатканын айтууда.

- Кечээ өкмөт парламентке кышка даярдык тууралуу маалымат берип, кыш чилдеде электр энергиясын өчүрүү азая турганын билдирди. Бирок сизге маалым болсо керек, азыр Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү 8,5 млрд.куб метр. Мынча суу менен кыштан чыгалабызбы?

- Бүгүнкү күндө кышка прогноз кылганды бир Кудай гана билбесе, калган кишилердин божомолу үстүртөн болуп калышы мүмкүн. Мен цифралар боюнча гана айтам. Кечээки өкмөттө берилген маалымат боюнча, Токтогул ГЭСинде суунун көлөмү былтыркы ушул убакка караганда үч миллиардка аз болуп атат.

Экинчиден, адистер айтып атышат, премьер-министр дагы кечээ айтты окшойт, 1-апрелге 6,1 миллиард менен чыгабыз деп. Мен алардын айтканынан күмөн санап аткан жерим жок. Былтыр кышта ушул убакта алардын айтканы боюнча суунун көлөмү 11,8 миллиард кубометр болгон экен, азыр 3 миллиардга артта калып атат. 1-апрелге 6,6 миллиард менен чыкканбыз. Өчүрүүлөрдүн эсебинен 40 пайыз болду деп декабрь айын айтып атат. Ошондо 6,1 миллиардка чыгабы, чыкпайбы? Менин эсебим боюнча чыкпай атат.

- Мындан дээрлик бир ай мурда Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү 9 жарым миллиарддын тегерегинде болчу. Эми азыр бир айдын ичинде эле бир млрд.куб метрди жоготуп атсак, бизде дагы күмөн болуп атат апрель айына чейин кантип 6 миллиардга чейин жеталабыз деп, суук эми башталып атса?

- Дагы бир маселеге көңүл буруш керек, суунун көлөмү улам азайган сайын, анын бир киловатт саат электр энергия иштеп чыга турган расходу улам көбөйүп барат. Ошолорду эске алганда мен дагы 1-апрелге 6,1 млрд. суу калат дегенге көп ишеничим болбой атат. Ал үчүн дагы көбүрөк өчүрүп, көбүрөөк чектөө жасаш керек. Эгер андай маселелер иштелбей турган болсо, суу апрель эмес мартка ошол көлөмгө барып калабы деген ойдомун.

-Энергетиканын же жылуулуктун дагы бир булагы газ. Жыл аяктап калганына карабай, кыргыз өкмөтү өзбектер менен көгүлтүр от боюнча сүйлөшүүлөрдү аягына чыгарыша элек. Кыргыз өкмөтү газдын баасын мырдагы баада калтырууну суранып атканын айтып атышат. Бирок эки эсе кымбат баа сурап аткан өзбек тарап буга көнөбү, же көндүрүш үчүн кандай сууроо талаптарды коюш керек Кыргызстан?

-Менимче, алар көнбөйт. Ал жөн гана болуп аткан сөз окшойт. Себеби миң куб газ 300 доллар болот деген сөз жайында эле болуп аткан. Себеби эсиңерде болсо керек, Путин Өзбекстанга келип, алардын газ маселелери боюнча кол койгондо, Орто Азия мамлекеттери газды Европанын баасына өткөрөбүз деп аткан. Ал деген чек арада Европага жете турган транзитти алып салгандан кийинки сөз. Ошол убакта эле биз укканбыз, миң куб газ 280-300 доллардын тегерегинде болот деп. Ал эми мурдагы баада калтырып калат деген бул жөн эле утопия, аны эстен чыгарып эле коюш керек. Башка маселе, азыр 250-300 доллардын ортосунда чечиле турган болсо. Кыш айларында газды үзгүлтүксүз алуу маселесин катуурак чечип албасак болбойт. Себеби Өзбекстандын өзүндө дагы проблемалар болот, кыш катуу болгондо эле аларда да газдын чыгышы азайып калат. Ал эми жайкы мезгилде суу менен Өзбекстанды камсыз кылуу маселесине байланыштырып, биздин ГЭСтерде кубаттуулукту кармап тура турган мүмкүнчүлүгүбүз бар. Ошолорду эске алып туруп биздин мүмкүнчүлүк менен Өзбекстандын газын салыштырып туруп, анан комплексинде чечилиш керек.

-Маегиңизге рахмат.

Кыштан кыйналып чыгабыз...

17-декабрда парламент депутаттары фракциялардын кошмо жыйынын өткөрүп, өкмөттүн кышка даярдыгы боюнча маалыматын укту.

Өкмөт кыш чилдеде жарык өчүрүүлөр азаярын белгилеп, жазга чейин Токтогул суу сактагычында 6 миллиард кубометр суу каларын болжолдоодо.

Өкмөт башчы Игорь Чудинов 12 саатка чейин жарык өчүрүүлөр кыш чилдеде кыйла азайтыларын, кыйынчылык менен болсо да жазга жетерибизди билдирди.

- Ал эми азая баштайт. Бирок ал Ош менен Бишкек ТЭЦтери канчалык энергия иштеп чыгарганына байланыштуу. Өчүрүүлөр ошондо азаят. Анан да мен быйылкы кышта мекендештерибиз электр энергиясына өтө этият мамиле кылышын суранар элем. Мүмкүн болгон жердин баарында меш жагууга өтүшү керек. Ал эми газ жөнүндө айтсак, газ болот, бирок анын баасы кандай болору тактала элек. Сүйлөшүүлөр болууда. Мурдагы көлөмдөгү газ болот. Ким газ менен үйүн жылытса камтама болбой эле койсун, газ болот.

И.Чудинов айрым жерлерде жарык өчүрүүлөр 14 саатка чейин жетерин, кыш чилдеде антип өчүрүүлөр азаярын ырастады. Бирок да андай өчүрүүлөр Ош менен Бишкектеги жылуулук борборлору арбын электр энергиясын өндүрүүгө жетишкен чакта гана болчу жумуш.

Кыргызстандын Өнөржай, энергетика, отун-суу министри Илияс Давыдов электр энергиясын кыйгас өчүрүүлөр дагыле улантыла бере тургандыгын ырастап, азырынча электр акысын төлөбөгөндөрдүн тогун өчүрүү мүмкүнчүлүгү жок экенин билдирди.

- Акыры биз төлөбөгөндөрдү өчүрүүгө өтөбүз. Проблема эмнеде? Эгер биз жайында суткасына республика боюнча 18 миллион пайдалансак, кышкысын ал 62 – 65 миллионго жетет. Бир да өлкөдө мындай кескин өйдө-төмөн жок. Себеп дегенде биз электр энергиясын тамак бышырганга, үй жылытканга, сууну ысытканга пайдаланабыз.

И.Давыдов Кыргызстан кычыраган кыштан кыйналбай чыгыш үчүн электр энергиясын ысырап пайдаланып келгенин депутаттардын эсине салды. Энергетика министри үйдү, сууну жылытканга кетчү электр энергиясынын баасы кымбат болушу керектигин белгиледи. Антип энергия баасы кымбаттай турган болсо тармактагы жоготуулар менен карыздардын саны дагы өсөрү турулуу иш. Буга чейинки 3 миллиард ашуун дебитордук карыздын 100 миллион сому бюджеттик мекемелердики, калганы электр тогун пайдаланып жаткан элдики.
Парламенттеги коммунисттер фракциясынын жетекчиси Исхак Масалиев өкмөт мүчөлөрү энергетика тармагындагы айрым маселелер тууралуу так жооп бере албай жатышканына нааразы болгонун жашырган жок.

- Менде мынабу жигиттерди жөнөтүп иели деген сунуш бар. Алар жөнөкөй суроолорго да жооп бере алышпай отурат. Барып иштешсин. Урматтуу премьер-министр, кышка даярдык көмүрдөн башталат.

И.Масалиев бюджеттик мекемелерге ташылып жеткирилген көмүрдүн акысы эмдигиче төлөнүп бериле электигин маалымдады. Парламент депутаты Автандил Арабаев электр жарыгын жапырт өчүрүп коюу чиеш маселени чечпей тургандыгын белгилеп, ал үчүн өкмөттү кызматтан кетирүүнү талап кылыштын кажаты жоктугун билдирди.

- График менен өчүрүп, электр энергиясын өчүргөнүбүз элдин жашоо-турмушуна салакасын тийгизбеш керек. Анын өчүрө турган жолдору бар, графиктери бар. Убактысы бар, маалы менен, мисалы, түнкү саат 12ден таңкы саат 6га чейин өчүрүш керек.

А.Арабаев ушундай жол менен гана энергетика проблемасын чечүүгө болорун, “Токтогул” ГЭСин сактап калууга шарт түзүлөрүн билдирди. Кенен бир күн талкуудан соң парламенттеги үч фракция мүчөлөрү өкмөттүн кыш камылгасы тууралуу маалыматы боюнча токтомду 25-декабрда кабыл алуу мунасасына келишти.

Орусияда 20 мигрантты өлтүргөндөр "жеңил-желпи" жаза алышты

Москвадагы сотто орус кырма баштарынын тобунун уюштуруучулары 20 жылга чейинки мөөнөттөргө эркинен ажыратылды. Укук коргоочулар 20 кишинин өмүрүн кыйган кылмышкерлерге жеңил жаза берилгендигине нааразы болуп жатышат.

Ушул дүйшөмбү күнү Москванын шаардык соту кырма баштар тобунун уюштуруучусу деп саналган 17 жаштагы Артур Рыного 10 жыл берди:

- Кылмыштарды толук эске алып, белгиленген жазаларды бөлүп, кошуу жолу менен эсептеп, сот Рынону 10 жылга жалпы режимдеги түзөтүү колониясына кести.

Жалпы жонунан жети айыпталуучу алтыдан 20 жылга чейинки мөөнөттөргө кесилди.

Топтун уюштуруучуларынын дагы бири Павел Скачевский да 10 жылга кесилди. Айыпталгандар эрезеге жете элек болгондуктан, бул мөөнөттөр адаттагыдан кыска болду.

Бирок соттун өкүмү укук коргоочуларды нааразы кылды. Галина Кожевникова - Орусиядагы расисттик кылмыштарды көзөмөлдөгөн көз карандысыз "Сова" уюмунун адиси:

- Жаза мөөнөтү жасалган кылмышка таптакыр шайкеш келбей калды. Өлтүрүлгөн бир киши үчүн бир айыпкер бир жылга жетпеген түрмө мөөнөтүн алды. Андан тышкары, киши өлтүрүүлөр уюшкан топ тарабынан, рассалык жек көрүүчүлүк менен ишке ашырылган, бул күнөөнү оорлотуучу кырдаалдар. Булар буга чейин бир жылдан камакта отурушту. Демек эртерээк бошонуп чыгышат. Башкача айтканда, 20 кишини өлтүргөндөр 25 жашында боштондук алышат.

Айыпталуучулар 20 кишини өлтүргөндүгүн өздөрү эле моюнга алышкан. Ал эми Артур Рыно ал тургай 37 кишини өлтүргөм деп ырастаган.

Кырма баштар тобу Москвада 2006-2007-жылдары өңү буруу мигранттарга кол салып, кол салууну видеого тартып, интернетке жайгаштырышкан. Алар дагы 12 ирет кишини өлтүрүүгө аракеттенген деп табылды.

Соттун жүрүшүндө Рыно менен Скачевский "орустун канын тазалоону" максат кылгандыгын билдиришти. Ал эми дагы бир айыпкер советтик доордо 52 кишини мыкаачылык менен өлтүргөн Андрей Чикатилого суктанганын моюнга алды.

Адвокаттардын бири Артем Тимушев 15-декабрдагы сот чечимине канааттангандыгын мындайча билдирди:

- Менимче бул өтө ийгиликтүү иш болду, оор айыптар коюлду, төртөө сот алдында жооп берүүгө жашы жеткен болчу. Бирок айыпталгандардын бири да өмүр бою түрмөдө отуруу жазасын алган жок.

"Сова" уюмуна ылайык, быйыл эле рассалык жек көрүүчүлүккө негизделген кол салууларда кеминде 86 кишинин өмүрү кыйылды.

Аксынын айыкпаган жарасы

2002-жылкы Аксы алааматында окко учкан Элдияр Үмөталиевдин бейажал өлүмүнө Кыргызстан бийлиги себепкер экенин Улуттар уюмунун адам укугу боюнча комитети ушул жылдын 30-октябрында ырастаган.

Укук коргоочулар Аксы алааматынан жапа чеккендердин атынан дагы 33 арыз Улуттар уюмунун адам укугу боюнча комитетине даярдалып жатканын маалымдашууда.

Аксыдагы алааматта окко учкан Элдияр Үмөталиевдин ата-энеси Кыргызстандан адилеттик таба албай, адвокат Сартбай Жайчыбековдун көмөгү менен Улуттар уюмунун адам укугу боюнча комитетине 2003-жылдын жайында кайрылышкан. Комитет арызды кийинки жылдын январь айында кабыл алган.

Сартбай Жайчыбеков Аксыдагы аламааттан жапа чеккендер Улуттар уюмунун адам укугу боюнча комитетке арыз даярдап жатышканын маалымдады.

Укук коргоочу Төлөйкан Исмаилова, адвокат Сартбай Жайчыбеков жана Аксы алааматында окко учкан Элдиярдын атасы Анарбай Үмөталиев


- Үркүнбаев Сатымбайдыкы даярдалып жөнөтүлгөн. Сатымбайдыкы менен кошо 16 кишиникин даярдаган. Азыр жалпысынан 33 кишиникин даярдоо болжолдонуп жатат. 33 кишиге Бириккен улуттар уюмунун комитетине арыз даярдалат. 16 кишиники жөнөтүлдү. Азыр бир кишиники даяр болуп калды. Аны жакын арада жөнөтөбүз.

Ошондой жөнөтүлчү арыздардын бири каргаша учурунда жарадар болуп, ушу тапта майыптыктын күнүн кечирип жаткан Сумсарбек Асылбековго таандык. 2002-жылдын 17-мартында Боспиектин жанында желдеттердин огунан курман болгон Сатымбай Үркүнбаевдин жакындарынын арызы да аз убактан соң комитетке жөнөтүлмөкчү.

Сартбай Жайчыбеков аламааттан бирөөлөр чырактай баласынан, экинчилери асыл жарынан ажырап, кан жутуп отуруп калышканын белгиледи. А.Бекназаровдун укугун коргоп саясий ачкалыктан айтылуу укук коргоочу Шералы Назаркулов көз жумган.

С.Жайчыбековдун ырасташынча, Улуттар уюмунун комитети Аксы алааматында жапа чеккендердин жарандык, саясий укугун ырастап берсе, алардын камкордугун мамлекет өзүнө алышка аргасыз болот.

- Өлгөн адамдын артында калгандарын окутуу, эгер кары адамдар кала турган болсо пенсия маселесин өзүнө алат. Моралдык чыгымы десе эле бир жолу акча төлөп кутулуп кетиш эмес. Социалдык жагынан жеңилдиктерди карайт. Бул Румынияда болгон. Азыркы Чилиде да бар ушундай окуялар. Бизде азыр 5-6 киши, ал жерлерде миңдеген адамдарга төлөп берген учурлар аз эмес,- дейт С.Жайчыбеков.

Кербенде окко учкан Элдияр Үмөталиевдин атасы Анарбай Үмөталиев мамлекет азырынча жооткоткондон башка эч нерсе жасай электигин айтты:

- Коменданттык саатты жарыялап коюшуп элди сыртка чыгарышпай, көчөмө-көчө кубалап жүрүп 18и күнү менин уулум Элдиярды атып өлтүрүшкөн. Ошондон бери биздин кайрылбаган жерибиз калбады. Кыргызстандын бардык жеринде: “биз чечебиз, табабыз” дегендердин баарына кайрылдык. Бирок бир да жыйынтык болбоду.

А.Үмөталиев иштин аныгына жетиштин минтип узакка созулуп кетишин тиешелүү кишилердин дагыле жооптуу кызматтарда отурушканына байланыштуу түшүндүрдү.

Э.Үмөталиевдин ата-энесинин арыздары калыс текшерилбей, укуктук баасы берилбей келгенине “Жарандар коррупцияга каршы” укук борборунун жетекчиси Төлөйкан Исмаилова да токтолду.

- Президентке чейин канча жолу кайрылышкан. Эми окуп отурса кишинин чачы тик турат да. С.Жайчыбеков айткандай, арызданбаган бир да институт калган эмес. Булар мыйзам чегинде талап кылып келишкен.

Мыйзам чегиндеги андай талаптын ишке ашырылышы Кыргызстанда мүмкүн болбой калганын Акыйкатчы Турсунбек Акун да бышыктап, кийинки жөнөтүлчү арыздар маалынан кечигип жатканына токтолду.

- Ошол иштердин баары Элдиярдыкындай документтери топтолуп, далилдүү, күбөлөрү менен толук берилиши керек. Анан эми убагында берилбей калды. Бул өтө кыйын нерсе.

Мамлекет Баш мыйзамында бакыйта жазып койгон жарандык, саясий укуктардын сакталышына жооптуу экенин Улуттар уюмунун адам укугу боюнча комитетинин 30-октябрдагы бүтүмү дагы бир ирет ырастап бергенин укук коргоочулар маалымат жыйынында баса белгилешти.

Азаттык - УТРК: Кыя жол кыйынчылыгы

Жулиа Рагона (ортодо). 2008-ж., 15-декабр.

15-декабрда «Азаттык» үналгысынын жана ЭББнын өкүлдөрү Бишкекте Ак Үй өкүлдөрү жана УТРК директору менен жолугушуп, анын соңунда маалымат жыйынында УТРКдан шерик катары үмүт үзүлө электигин айтышты.

Вашингтондогу Эларалык берүүлөр бюросунун (ЭББ) маркетинг жана чет элдик өнөктөштөр менен иштешүү департаментинин жетекчиси Гари Тэтчер, ушул эле бюронун Евразия башкармалыгынын жетекчиси Энвер Сафир, “Эркин Европа/ Азаттык” үналгысынын уктуруулар тармагынын жетекчиси Жулия Рагона Кыргызстандын расмий өкүлдөрү менен жолугушкандан кийин маалымат жыйынын өткөрүп, журналисттер кызыккан суроолорго жооп беришти.

Гари Тэтчер “Азаттык” Кыргызстандагы таасирдүү маалымат каражаты экенин белгилеп, анын сыналгы жана үналгы берүүлөрүнүн Кыргызстандын Улуттук телерадио корпорациясынын (УТРК) каналы аркылуу чыкпай калышы көптөгөн угармандар менен көрүүчүлөрдү бушайманга салып жатканын айтты. Уктуруулар акысы боюнча ортодо чыккан проблемаларды чечүү үчүн Бишкеке келгенин ортого салды:

- Бул жерде келгенде биз техникалык проблеманы, биз жөнөткөн акча дарегине жетпей, кайра өзүбүзгө кайтарылып жатканын көрдүк. Бул проблемаларды чечиш үчүн биз өнөктөштөрүбүз менен тыгыз иштешебиз. “Азаттыктын” үналгы-сыналгы берүүлөрү болушунча ыкчамыраак эфирге чыгышына мүмкүндүк берүүнү өтүндүк.

“Эркин Европа/Азаттык” үналгысынын берүүлөр тармагынын жетекчиси Жулия Рагона айым эки тараптуу кызматташуу улана тургандыгына үмүтү чоң экенин билдирди:

- Күнүгө үч сааттан радиоэфир, апта сайын чыгып турчу эки сыналгы берүү, тилекке каршы, октябрдан бери үзгүлтүккө учуроодо. Биздин интернеттеги сайтыбызга кайрылган угармандар “Азаттыктын” берүүлөрүн эңсеп угушарын жазышууда.

Эларалык берүүлөр бюросунун (ЭББ) Евразия департаментинин жетекчиси Энвер Сафир Бишкекке келер замат техникалык проблема болгон каржылык маселени тактоого киришкенин ырастап, момундай маалыматты ортого салды:

- Кээ бир гана эсептер кайтарылып, калганы өтүп келгени чынында эле таңкалыштуу факт. Маселен, бир жолу жөнөткөн акчабыз 5 ирет кайтарылып келди. Акча эмне үчүн кайтарылып келгени бизге бир да жолу түшүндүрүлгөн жок.

Маалымат жыйынында банк аркылуу которулган акчалардын кайтарылышына Улуттук телерадиоканалдын банктагы эсеби 16 сан менен так көрсөтүлбөй калганы маалдымдалды. Э.Сафин Улуттук телерадиокорпорациянын эсеби ачылган “Кыргызөнөржайкурулуш” банкынан алынган алдагыдай маалыматты дагы тактай тургандыгын кошумчалады.

Улуттук телерадиокорпорациянын башкы директору Мелис Эшимканов “Азаттык” үналгысы менен чыгармачылык алака-катыш улана бере тургандыгын ырастап, азырынча маселе ачык калганын, бир-эки проблема чечилгенден кийин дагы сүйлөшө тургандыгын ырастады.

- Маселе ачык боюнча калды. Эшик жабылган жок. Анан азыр бир нерсе сүйлөп салсаң эле балакет экен. Өткөндө сайтка берип салсам аны башкалар бурмалап-сурмалап, тияк-биякка уруп ийиптир. Дагы капа болуп жатышат. Биз менен кеңешпей туруп сүйлөйсүз деп. Мен сүйлөбөй эле койоюнчу, маселе аягына жеткиче.

“Азаттык” үналгысынын Улуттук телерадиоканал аркылуу обого чыкпай калышына кабатыр болгон угармандар көп экени маалымат жыйынында дагы бир ирет айтылды. Калк өзү объективдүү калыс маалыматка ар качан муктаж болуп келген.

Түркмөн шайлоосу: эл бирди айтат, бийлик бирди айтат

Түркмөнстан -- Ашгабаддагы шайлоо участкаларынын бири, 14-декабрь2008

Түркмөнстандын шайлоо комиссиясы жекшемби күнкү добуш берүү мыкты өттү деп билдирүүдө. Ал эми шайлоочулардын комментарийлери алар ким үчүн добуш бергенин билбей деле калышты болушу керек деп айтууга негиз берет.

Түркмөнстандын мамлекеттик маалымат каражаттары жекшеби күнкү шайлоо “демократияны чыңдоо багытындагы жаңы кадам” болуп калды деп, шайлоочуларга “кеңири тандоо укугу” берилди деп айтып чыгышты. Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоого укуктуу жарандардын 94 проценти өз эркин билдиришкенин маалымдады. 2004-жылы болсо алардын саны 76,88 процентти түзгөн.

КМШ байкоочулар тобунун жетекчиси Сергей Лебедев шайлоо эркин жана калыс өткөнүн ырастады:

-Шайлоонун бардык жол жоболору шайлоо жөнүндөгү жергиликтүү мыйзамдарга жана эларалык нормаларга дал келди.

Арийне айрым добуш берүүчүлөрдүн “Азаттыктын” түркмөн кызматына айтып бергендери бул ойдон абдан эле айырмаланат. Аларды уксаң, шайлоочулардын көбү талапкерлер тууралуу дээрлик кабардар кылынган эмес деген пикир пайда болот.

- Бир орус аял түркмөн тилинде түшүнбөйм деп шайлоо комиссиясынын мүчөсүн кандидаттар жөнүндө сурадыле, алар көп ойлонбой, кимге кааласаң ошого добушуңду бер жооп беришти, - дейт “Азаттыктын” Ашгабаддагы кабарчысынын суроосуна жооп берген шайлоочулардын бири.

Мындай окуялар башка участкаларда да орун алган көрүнөт:

- Мен талапкерлер тууралу эч нерсе билбейм. Шайлоо участкасына барсам, талапкерлердин же сүрөттөрү же өмүр баяндары жок экен, - дейт дагы бир шайлоочу.

Айрым учурларда шайлоочулар талапкерлер жөнүндө терс пикирде экенин айтышкан:

- Кандидаттын аты Оразгелди. Ал паракор адам. Ал шаар администрациясында иштейт. Анын кеңсесине баргамын. Андай кишини парламентке жолотпош керек.

Ал эми мамлекеттик канал өнөктүк мыкты уюштурулган деп бийликтердин иш-аракеттерин кубаттаган добуш берүүчүлөрдү көргөзүүдө:

- Түркмөнстандын ар бир жараны, мугалимдер, студенттер шайлоого жигердүү катышып, өздөрү тандаган талапкерлерге добуш беришти. Мен кандидаттын программасы менен таанышып чыгып, шайлоого келгем.

Дагы бир аял бардык талпакерлер, мамлекеттик чиновниктердей эле кызматка байлык топтоо үчүн умтулушууда деген көз карашта:

- Добуш берүүгө милдеттүүбүз. Ошон үчүн шайлоого катыштык. Бардык талапкерлер паракорлукка баткан. Кайсы жакка барба, мектептерде, ооруканаларда, жадакалса бала бакчаларда бардыгы колуңду карап күтүп турушат. Бир чиновник тоюп бүткөндөн кийин, кызматынан алынат да анын ордуна алкымы чоң дагы бириси дайындалат.

Бул шайлоого алгачкы ирет чет өлкөлүк байкоочулар көз салышты. Бирок ЕККУнун байкоочулары адаттагыдан айырмаланып, добуш берүүнүн жүрүшүн баалаган расмий отчет жасашпайт.

Шайлоонун жыйынтыктары болжолу менен 10 күндөн кийин жарыяланмакчы. Бирок Түркмөнстанда аны чыдамсыздык менен күткөн адамдар жокко эсе. Өлкө парламенти толугу менен президентке баш ийет жана мамлекет башчынын каалоолорун мыйзамга айландыруу үчүн иштегенсийт.

Оор атлетика: Баш байгени кыргыз балбандары алды

Бишкекте оор атлетика боюнча дүйнөнүн төрт жолку жана олимпиада чемпиону Каныбек Осмоналиевдин байгесин арналган эл аралык мелдеште казакстандык жана кыргызстандык балбандар күч сынашты.

Ар жыл сайын өткөрүлүп салтка айланган мелдеш болгону менен быйыл мөрөй талашууга Борбор Азиядан, Орусиядан, чет өлкөлөрдөн чакырылган балбандар келбей калды.

Оор атлетика боюнча дүйнөнүн төрт жолку жана олимпиада чемпиону Каныбек Осмоналиевдин айтымында, мындай эл аралык деңгээлдеги мелдешти өткөрүү үчүн өкмөт тарабынан жакшы колдоо болбогондуктан чет өлкөлөрдөн чакырылган спортчулар келбей калышты.

Ошентип кыргызстандык чоюн билек балбандар Казакстандан гана төрт команда менен гана күч сынашты.

Натыйжасы төмөнкүдөй болду: кыргызстандык оор атлетчилерден жакында эле Түштүк Кореядан Азия чемпионатында күмүш жана коло медаль утуп келишкен Бекзат Осмоналиев менен Султан Молдодосов баш байгенин ээлери болушту.

69 кг салмактагы балбандардын күч сынашууларында кыргызстандык Камбар Токтоналиев айырмаланып, ал жалпы 290 кг оордукту көтөрүп, биринчи орунду ээледи.

Ошондой эле 94 кг салмактагы оор атлетчилерден кыргызстандык Руслан Капаев 332 кг салмакты багындыруу менен Каныбек Осмоналиевдин колунан баш байгени алды.

Оор салмакта оштук балбан Алексей Дудинге теңдеш болбоду. Ал баш байгени утуп, жеңиштин бийик сересине көтөрүлдү.

Казакстандын намысын коргогон оор атлетчилерден Дмитрий Стрига, Владимир Ершов жана Игорь Вашанов дүйнөнүн төрт жолку жана олимпиада чемпиону Каныбек Осмоналиевдин байгесине арналган эл аралык мелдештин жеңүүчүлөрү аталды.

Айрым кыз-келиндер дагы оор атлетика менен машыгып жүргөндүктөн, алар да Каныбек Осмоналиевдин байгесине арналган эл аралык мелдеште күч сынашты.

Мында жеңил жана орто салмактарда кыргызстандык Жаңыл Атабекова, Адиля Байызов жана Элниза Бектенова мелдештин жеңүүчүлөрү аталып, баш байгенин ээлери болушту.

Өлкөгө эмгек сиңирген машыктыруучу Өмүржан Молдодосовдун айтымында кыргызстандык балбандар эби сыны жок, илгерки кеңеш доорундагы штанга менен машыгып, эл аралык талаптарга ылайык жабдуулар жоктугу чеберчиликтин өсүшүнө тоскоол болууда. Анын пикиринде чет өлкөлөрдөн спортчуларды мелдешке чакыруу үчүн алардын жатакана жана тамак-аш маселесин чечип берүү зарыл.

Андай шарт түзүлбөсө, оор атлетика боюнча дүйнөнүн төрт жолку жана олимпиада чемпиону Каныбек Осмоналиевдин байгесине арналган мелдештин деңгээли жыл өткөн сайын төмөндөй бермекчи.

Кыргызстандагы сөз эркиндигине батыш гезиттери да кайдыгер эмес

Эл аралык басма сөз каражаттарынын айрымдары Кыргызстандагы сөз эркиндигинин абалына кайрылышып, өлкөдө оппозицияга жана эркин медиага каршы кысым күчөгөнүн жазып чыгышты.

Кыргызстанда “Азаттык” жана Би-Би-Си үналгыларынын бийлик тарабынан чыгарылбай жатышы батыштык басма сөз каражаттарын дагы кайдыгер калтырган жок. Бул тууралуу жазган International Herald Tribune гезити, “эл аралык үналгылардын токтотулушунун өлкөдө улам чабалдап бараткан экономика, асмандап бараткан баалар жана Борбор Азиянын бул чакан өлкөсүндө электр энергетикасынын таңсыктыгынын өнөкөткө айланган бир учурга туш келүүсү кишини ойлондурбай койбой турганына көңүл бурат.

Демократия жана жарандык коом үчүн коалициясы “Азаттык” жана Би-Би-Си үналгыларынын берүүлөрүн мамлекеттик толкундардан уктуруу боюнча түзүлгөн узак мөөнөттүү келишимдерден баш тартуу тууралуу бийликтин акыркы чечимдерине кабатырлануусун билдиргенин окурмандары менен тең бөлүшкөн International Herald Tribune гезити президент Курманбек Бакиев бийликке келген 2005- жылдан бери карай өлкөдө оппозицияга жана карандысыз медиага каршы кысым кыйла күчөгөнү жөнүндөгү бейөкмөт уюмдардын ырастоолоруна шилтеме берип жазган.

“Кээ бирлер айыпты жолдордун сапатсыздыгына, айрымдары болсо айдоочуларга коет. Бирок Кыргызстанда өрүш алууда болгон жол кырсыктарынын артында жаткан башкы себеп - коррупцияга белчесинен баткан милиция экенине ишенген кыргыздардын саны улам өсүп баратат”. Мындай деген пикир, Eurasia View аттуу интернет баракчасында чыккан макалада айтылат. Кыргыз президентинин өзү өткөн жакын арада милициядагы коррупцияны ашкере моюнга алганын жана кыргыздар үчүн милиция шылдыңдын булагына айланып калганын ырастаган баракча, жумуруяттагы абал тууралуу айрым күбөлөрдүн берген маалыматтарына таянуу менен талдоо жүргүзөт.

Түркмөндөр жаңы автократтарын шайлоого даяр деп жазат Лондондун Financial Times гезити кечээ чыккан санында. Түркмөнстан 2006-жылы Сапармурад Ниязов кайтыш болгондон бери эл аралык коомчулукка кошулууга тырышып келатканына көңүл бурулуп, макалада жекшемби күнкү шайлоодо бир гана бийлик тарабынан тандалган талапкерлердин жарышка катышуусу экинчи Түркмөнбашы доорунун кайра келишинин кабарчысы болуп калышы ыктымал экени белгиленет.

Washington Post гезити дагы Түркмөнстандагы шайлоолорду көз жаздымда калтырган эмес. Ашхабаддын жетекчилеринин бул шайлоолорду демократиялашуу жолундагы чоң машыгуу катары сүрөттөгөнүн, бирок алар шайлоонун таза эмес экени жөнүндөгү сындоолорду четке кагышканын чагылдырып, гезит Түркмөнстандын Сапармурад Ниязовдон бери башынан өткөргөн демократиялашуу тажрыйбасын талдоого алат.

Түркмөнстан: Шайлоодон соң өзгөрүү болобу?

Түркмөнстандагы парламенттик шайлоо сентябрда кабыл алынган жаңы конституцияга ылайык өткөрүлдү. Эми парламент 125 депутаттан турмакчы. Бийликтер шайлоону демократияга карай кадам деп баалашса, эл аралык уюмдар өлкөдө бир эле мыйзамдуу партия бар экенин белгилешүүдө.

Өкмөттүк радионун кабарлоосуна ылайык, шайлоо участкалары ачылгандан кийинки эки сааттын ичинде шайлоочулардын 27 проценти добуш берип кетти. Талапкерердин көпүчлүгү бийликтеши партиянын мүчөлөрү. Алгачкы ирет Түркмөнстандын 27 өлкөдөгү элчиликтер менен консулдуктарында добуш берүү уюштурулду.

Бул өнөктүк президент Гурбангули Беридимухаммедовдун тушунда өткөрүлүп жаткан алгачкы парламенттик шайлоо. Ал өлкөнү эл аралык изоляциядан алып чыгуу аракетинде добуш берүүгө байкоо салуу үчүн Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун өкүлдөрүнө чакыруу жолдогон. Ошентип, биринчи жолу Түркмөнстандагы шайлоого ЕККУнун байкоочулары көз салышууда.

Бердимухаммедов шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнө чет өлкөлүк байкоочулар менен кызматташууга катуу көрсөтмө берген:

- Эл аралык байкоочулар үчүн шайлоо участкаларында же расмий адамдар менен жолугушууларда эч кандай тоскоолдук түзүлбөшү керек.

ЕККУнун миссиясы масштабдуу болбосо да уюмдун Демократиялык институттар жана Адам укуктары боюнча кеңсеси түркмөн президентинин чакыруусун кабыл алды. Кеңсенин коомдук байланыштар бөлүмүнүн өкүлү Йенс-Хаген Эшенбахер Түркмөнстанга 7 кишиден турган топ жиберилээрин айткан.

- Топтун мүчөлөрү шайлоо участкаларына бара алышат, бирок бул абдан чакан топ. Бул – толук кандуу миссия эмес. Биз балким шайлоо күнү добуш берүү кандай өтүп жатканына күбө боло алабыз, бирок жалпы шайлоо жараянын баалай албайбыз. Ошол эле маалда уюмдун мүчөлөрү Түркмөнстандын шайлоо комиссиясынын өкүлдөрү менен жана башка расмий адамдар менен жолугуша алышат. Биздин эксперттерибиз Ашгабаддан тышкары облустарга да барып, ал жерлерде да жолугшууларды өткөрүшмөкчү.

Добуш берүүгө башка чет өлкөлүк байкоочулар да көз салышууда. Бирок Улуттар уюму 3 адамды гана жибере алды. Анын үстүнө алар өлкөдө кыска мөөнөткө гана кала алышат. КМШнын байкоочулар миссиясы болсо өз ишин баштап, Түркмөн бийликтерин демократиялык шайлоого мыкты даярданганын кубаттоого үлгүрүштү. Баса, Батышта КМШнын байкоочулары ЕККУнун сын пикирин төгүнгө чыгарууга дайыма даяр турушат деген ой өкүм сүрөт.

Дагы бир өзгөчөлүк – бул жолу талапкерлер парламенттеги 50 эмес, 125 мандат үчүн ат салышууда.

2003-жылы ал кездеги президент Сапармурад Ниязов айрым депутаттардын ага каршы кутум уюштургандар менен байланышы бар деген жүйөө менен парламенттин ыйгарым укуктарын чектөө жараянын баштаган. Парламенттин бир катар укуктары Халк Маслахаты же Элдик Кеңешке өткөрүлүп берилген.

2007-жылы бийликке келгенден кийин Бердимухаммедов парламент жана башка мамлекеттик институттардын ролун калыбына келтирүү багытында жарым-жарты кадамдарды жасай баштады. Сентябрда кабыл алынган конституцияга ылайык, жаңы парламент мыйзам чыгаруу укуктарына карйдан ээ болмокчу жана депутаттардын саны 75 кишиге көбөйтүлдү.

Мындай жаңы саамалыктарга карабай, Түркмөн шайлоолорунун салттуу өңүттөрү өлкө демократиялык өзгөрүүлөрдөн алыс экенин көргөзүүдө.

Мурдагыдай эле оппозициялык саясатчылар каттоодон өтүүдө бир топ кыйынчылыктарга туш болушту. Балканабад шаарынын тургуну Гурбангули Дурдыкулиев документтерин кеч тапшырды деген шылтоо менен ат салышуу мүмкүнчүлүгүнө ээ боло албай калды. Эми ал жадакалса добушун да бере албайт.

- 1-декабрда менин демилгелүү тобум ЕККУнун Ашгабаддагы миссиясына кат жолдогон. Биз менин паспортум бийликтер тарабынан тартып алынганын кабарлаганбыз. Андыктан мен депуттатыкка ат салышып, же добуш бере албай калдым. ЕККУ катымды алды деп айтышты. Кийинчирээк уюмдун өкүлү менен сүйлөшсөм, ал бул маселени Борбордук шайлоо комиссиясында козгойбуз деп айткан.

Дурдыкулиев 2006-жылы психиатрикалык бейтапканадан кое берилген. Ал антиөкмөттүк демонстрация өткөрүү уруксатын сурап, президент Ниязовго кайрылгандан кийин 2004-жылы ооруканага жиберилген.

Андан тышкары көпчүлүк шайлоочулар талапкерлер жөнүндө кабардар эмес. Алардын басымдуу көпчүлүгү Түркмөнстандын демократилык партиясынын, мурдагы коммунисттик партиянын же мамлекеттик жактыруудан өткөн «Калкыныш» ( «Кайра жаралуу») партиясынын мүчөлөрү.

Айрым маалымат каражаттары шайлоо жана талапкерлер жөнүндө анча-мынча маалымат берип келсе, борбордук телевидение алар тууралуу маалымат берүүдөн качып келди. Муну менен катар парламенттик шайлоонун жыйынтыктары баары бир чоң роль ойнобойт көрүнөт. Эмне дегенде өлкөдө эң жогорку бийлик президенттин колуна топтолгон.

Түркмөнстан жаңы парламент шайлоодо

Ашхабад. Түркмөн парламентинин имараты

Түркмөнстанда жекшембиде жаңы парламент үчүн шайлоо болду. Анын жүрүшүнө биринчи жолу БУУ, ЕККУ жана КМШнын 40ка жакын байкоочусу көз салышты. Бул - президент Бердимухаммедовдун тушундагы алгачкы парламенттик шайлоо.

Түркмөнстандын ушул жылдын сентябрында кабыл алынган жаңы Конституциясына ылайык, межилистин 125 депутаттык орду үчүн 288 талапкер ат салышып, добуш берүүгө 3 миллионго жакын адам катышты. Добуш берүүгө эгемен Түркмөнстандын тарыхында биринчи ирет эл аралык уюмдар менен КМШнын байкоочулары, анын ичинде Кыргызстандын Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Абдыжапар Бегматов менен Ош шаардык шайлоо комиссиясынын төрагасы Амат Маматоморов байкоо салышты.

Түркмөнстандын азыркы бийлиги бул шайлоону 21 жыл жеке башкарган Түркмөнбашы Сапармурад Ниязовдун убагындагы аксакалдар менен жергиликтүү бийлик өкүлдөрү түзгөн жыйынды жоюп, жаңы межилисти шайлоо өлкөнүн азыркы президенти Гурбангулы Бердымухамедовдун демократияга жол ачам деп берген убадаларынын бирин аткарышы деп баалап жатышат. Бирок депутаттыкка ат салышкан 288 талапкердин көбү бийликтин көзүн караган Демократиялык партиянын талапкерлери экендигин жана түркмөн улутунан башка улуттагылар шайлоодон четте калгандыгын саясатчылар сындап жатышат.

Алардын бири, экс-депутат, азыр Швецияда качкын болуп жүргөн Калмырат Сойүндун баамында, бул шайлоо Түркмөнстанга эч кандай өзгөрүү алып келбейт, себеби азыр деле мурдагы Түркмөнбашынын түрү өзгөртүлгөн саясаты уланып жатат:

-Бул шайлоо Түркмөнстанга жакшы өзгөрүүлөрдү алып келет деп айтуу кыйын. Себеби бул түркмөн бийлигинин кезектеги бир көз боемо оюну. Элдин каалоо-тилеги, башкача айтканда эл сунуш кылган талапкер жок болгондон кийин кайдагы адилеттик болсун? Талапкерлердин бардыгы бийликти жактаган Демократиялык партиянын жана президент жетектеген кыймылдын өкүлдөрү. Депутаттыкка өзүн-өзү көрсөткөндөрдү ойдон чыгарылган толгон шылтоолор менен шайлоого катыштырышкан жок. Демек, бул шайлоо элге жана өлкөгө эч кандай пайда алып келбейт.

Ал эми Ашхабаддын тургуну, белгилүү тарыхчы, жазуучу Аманмурат Бугаевдин айтымында, добуш берүү ачык жүрүп жатат. Бирок шайлоочулар талапкерлер тууралуу мурда толук маалымат албагандыктан тандоо кыйын болууда:

-Добуш берүү жакшы жүрүп жатат. Мен 8-шайлоо округунун 105-106 шайлоо участкасына жакын жерде турам. Бирок, талапкерлер менен эч кандай жолугушуулар болбогондуктан жакшы тааный албай жатабыз. Чынында талапкерлердин баары Демократиялык партия менен Түркмөнбашынын энесинин атын алып жүргөн аялдар уюмунун өкүлдөрү. Эл сунуштаган талапкерлер жок. Талапкерлердин арасында жаштардын көп экендиги гана үмүт жандырып турат. Алардын үчтөн бир бөлүгү жаштар жана 50 жашка чейинкилери 80 пайызын түзөт экен. Биз ошолор гана кандайдыр бир өзгөрүү алып келеби деп үмүттөнүп турабыз, бирок азырынча демократиянын учкунун да көргөн жерибиз жок.

Кыргызстандын Борбордук шайлоо комиссиясынын мурдагы мүчөсү Жеңиш Акматовдун айтымында, Түркмөнстанда парламенттик шайлоо өткөрүлүп, ага эл аралык байкоочулардын катыштырыла башташы демократиянын учкуну пайда болду деген үмүттү жаратпай койбойт:

-Бул жүрүп жаткан өзгөрүүлөрдүн бир бутагы деп эсептейм. Түркмөнстанда демократиянын мурдагыга караганда бир кадам алдыга жылуусуна жардам берет го деген ойдомун.

Ал эми коомдук ишмер Тилектеш Ишемкулов талапкерлер мурда таанышпаган шайлоочулардын милициянын чакырыгы менен барып сөзсүз добуш бериши демократиянын жышааны али жоктугун белгилейт дейт:

-Милициянын кызматкерлери ар бир түтүндү түрө кыдырып, эшиктерин каккылап сөзсүз түрдө добуш бересиң деп мажбурлап жатыптыр. Алардын мыйзамы боюнча добуш берүүгө жарамдуу ар бир адам кандай да болбосун бюллетень ташташы керек экен. Бул жагынан караганда, мен бул чыныгы демократияга карай алга жылган кадам деп айтууга таптакыр негиз бербейт деген ойдомун.

Түркмөнстандын азыркы президенти Бердымухамедов бийликке келгенден кийинки бир жаңылыгы - чет өлкөдөн билим алууга уруксат берүү болгон. Ушундан улам азыр Бишкектеги жогорку окуу жайларда окуган түркмөнстандык студенттердин саны бир топ. Бирок биз баарлашкан студенттердин баары “Азаттыкка” пикир айта албайбыз деп, өз ойлорун айтуудан баш тартышты.

Эл экөөнө - оппозицияга, бийликке да ишенбейт

И.Жунусов, А.Сариев студияда

Башта күн жылууда күчөп кетчү саясий күрөш-тиреш быйыл кышта кызыганы туру. Револоциялык кыймыл мүчөлөрүнүн, аларга удаа диний багытты көздөгөндөрдүн жыйындары өтүүдө.

“Азаттыктын” бүгүнкү “бетме-бет” талкуусунун катышуучулары: парламент депутаты Ибрагим Жунусов, Борбордук шайлоо комиссиясынын мурдагы мүчөсү Акылбек Сариев өлкөдөгү саясий кырдаал тууралуу пикирлерин ортого салышмакчы.

- Акылбек мырза, Кыргызстандагы азыркы саясий кырдаалды сиз кандай деп сыпаттайт элеңиз?

Акылбек Сариев: - Менин оюмча, саясий кырдаал тынчып бараткандай сезилет. Кыймылдардын көп түзүлүшү бул жерде бир тараптуу ой жок экенин көрсөтүп турат. Кыймылдардын башында тургандардын ой-максаты бир болсо чогулушмак, бир сөз болушмак. Максаттарына кандай жетерин мезгил көрсөтөт. Оппозиция деген түшүнүктүн өзү бизге жат көрүнүп баратат. Ушу тапта оппозициянын башында тургандардын көбүнүн жарым, бир жыл мурун бийликте тургандагы көз караштары башка эле. Мурда бирди, эми башканы сүйлөгөндөрдү башынан эле жактырбайм. Мен өзүм бир позицияда жүргөн кишимин. Ошондон бүгүн кошулуп, эртең ажырап кеткен оппозицияны жактыра бербейм. Өз көйгөйүн эл өзү эле чечет, аны оппозициянын ээрчитип кетишине ишене албай турам.

- Ибрагим мырза, ушундай кыймылдардын түзүлүшүнөн натыйжа чыгат деп ишенесизби? Алардын талабы менен бийлик эсептешеби?

Ибрагим Жунусов: - Азыркы оппозициянын бир боло албай жатканынан алардын ишинен натыйжа чыгарына мен деле ишенбейм. Алардын талабын бийлик аткарабы же жокпу, бул башка маселе. Бирок да оппозиция бирикмейин, бир күч болмоюн көздөгөн максатына жетиши мүмкүн эмес. Анан мен бул жерде дин аркылуу аракет кылгандарга токтоло кетким келт. Бул эч качан туура эмес. Бийлик каршылаштары былтыр “бийлик тынч жол менен бизге өтөт”, деп чыккан. Жаз, күз такай эле коркутуп келатышат. Аларынан натыйжа чыкпай калгандан кийин исламды аралаштырып, динди кошушка өтүштү. Аны элдин колдоп кетиши кыйын.

- Акылбек мырза, мына ушул күчөп бараткан коомдук маанайды эсепке алып бийлик оппозиция менен эсептешүүгө барышы мүмкүнбү, өзүнө сабактар алабы?

Акылбек Сариев: - Ага бийлик анча деле маани бербейт окшоп калды. Себеп дегенде, азыркы бийлик абыдан коркутуп койду. Ошонун себебинен бийликтегиси да, оппозициядагысы да коркуп отурушат. Бийлик элди алаксыткысы, оппозиция артынан ээрчиткиси келет, экөөнөн тең жыйынтык чыгышы кыйын. Бийлик деле мындай шартта эч нерсе кыла албайт. Оппозиция деле ошондой. Бизде эл өкмөткө ишенбей, өзүнө ишенет. Өзүн-өзү бакканга көнүп, мамлекеттик кызыкчылыкты ойлогону аз. Мамлекет тагдырын бийликте отурган адамдар гана чечип, элге маани берилбей калган.

- Каршылык маанайдын антип күчөшүнө энергетикалык кризистин да таасири тиет болуш керек. Ибрагим мырза, сөз сизде.

Ибрагим Жунусов: - Туура, бүгүнкү бийликти энергетикалык кризис жаманатты кылууда. Оппозиция элдин кыйынчылыгын бийликке оодарып, ошону чукуп чыгышка аракет жасап жатат. Чырагына май тамууда. Энергетикалык кризистин салакасы бизде ачык эле көрүнүп турат. Кудай буюрса, ал деле чечилет. 16-декабрда “өкмөттүк саат” өткөргөнү жатабыз. Ошондо кризистен кантип чыгуунун жолдорун талкуулайбыз. Буга чейин да айтканбыз. Казакстандан сатып алынчу электр энергиясын жалаң бизнеске, ири компанияларга берүүнү козгогону жатабыз. Аны оппозиция улам-улам козулап, айтып жатат. Алар эмне үчүн бириге албай жатышат? Анын себеби - бийликти алуу, отургандардын ону болсо тогузу президент болгусу келишет. Президент деген бирөө эле. Биздеги туура эмес нерселердин баарын шайлоого алып келип такап коюп жатышат. Шайлоо мурда акча менен, сатып алуу менен өтүп келген. Акчаң болбосо өтпөйсүң. Партиялык тизме боюнча шайлоо былтыртан бери кыйла дурус өтүүдө. Биздин партия “Акжол” шайлоодон туура эмес өткөн, парламент легитимсиз деген социал-демократтар ал жерде отурушат. Шайлоо ушул деңгээлде өтсө биртоп тазарат.

- Акылбек мырза, шайлоо улам-улам тазарып баратабы?

Акылбек Сариев: - Шайлоо системасы тазарып баратат, дегенге кошулбайм. Андай шарт да жок. Шайлоо системасы бул адамдын абийирине жараша болчу нерсе. Шайлоонун баркын төмөндөтүп жибердик. Анын негизги себеби мыйзамдын ичиндеги карама-каршылыктан улам болуп жатат. Чатактын көбү ошондон чыкты. Экинчи себеби шайлоонун баары акчага байланыштуу болуп калган. Шайлоонун бийлик күч менен өткөртүп келатат. Аны парламентке, жергиликтүү кеңештерге болгон шайлоо көрсөттү.

- Эми жыйынтыктоочу суроо. Ибрагим мырза, өткөн элдик курултайда Кыргызстандын саясий системасын өзгөртүү концепциясы кабыл алынды.

Ибрагим Жунусов: - Ыраматылык Рыспай акенин жакшы сөзү бар: “Чындыкты айткан ден соолукка жакшы”. Азыр оппозиция болуштан оңой нерсе нерсе жок. Биздин парламентте үч фракция отурат. Берки эки фракциянын өкүлдөрү каалаган сөздү айтып, ага жооп беришпейт. Биз сөзүбүзгө жооп беребиз, өкмөт үчүн да жооптуубуз. Парламентте жалаң эле юристтер отурбашы керек. Ар иштин көзүн билген, аркыл кесип ээлери отурушу зарыл.

- Акылбек мырза, сиздин концепция боюнча кабарыңыз болуш керек. Ошону менен сөзүбүздү жыйынтыктасак.

Акылбек Сариев: - Партия деген саясат. Боекчу, өтүкчү, ырчы сыяктуу эле саясатчы деле профессионал болушу керек. Парламент ошондой профессионалдардан туруш керек. Мен партияда жокмун. Саясатчы болоюн деген деле оюм жок. Кыргызстан калкынын 10% партияда, саясатчылары ошол. Ал саясатчылардын ар бири кеминде эки-үч партияга мүчө болгондор. Бул эми туруксуздуктун белгиси. Саясатчы жүрөгүндө сактаган бир идеясын алдыга жылдырышка умтулган адам да. Ошо менен жашаш керек. Керек болсо жанын бериш керек. Бизде туруктуу саясий күч, туруктуу партия түзүлө элек. Ошон үчүн парламенттеги орунда 50%, же 10%, же 100% болушу керек, деп жазып койгондон эч нерсе өзгөрбөйт. Биздин шартта баарын бир киши эле чечип коет. Бизде мыйзам сан жагынан гана көбөйүп баратат. Анын көбү кагаз жүзүндө гана калып жатат.

- Мырзалар, студияга келип талкууга катышып бергениңиздер үчүн чоң ырахмат!

Түркмөндөр шайлоодон өзгөрүш болооруна ишенишпейт

Tүркмөнстанда ушул жекшембиде парламенттик шайлоо өткөнү жатат. Ага биринчи жолу чет элдик байкоочулар катышып, жаңы президент ал акыйкат өтөт деп айтууда. Бирок шайлоо өнөктүгү мурдагыдай эле мамлекет башчысын даңазалоо менен чектелип, ал эми шайлоочулар арасында жаңылануудан үмүт аз экендиги айгине болууда.

Жекшембидеги шайлоо тууралуу Гүзөлдүн укканына бир жума эле болду. Ашхабаттын 36 жаштагы тургуну биздин радиого коңшу-колосу деле алардын чөлкөмүнөн шайланып жаткан талапкерлер ким экенин же алардын программасынан кабары жок экендигин билдирд:

"Шайлоо мурдагыдан башкача болот деп уктум. Бирок азырынча өзгөчөлүктү байкай элекмин. Талапкерлер шайлоочулар менен жолуккан жок. Ал эми теледен чыгып сүйлөшсө өз программаларын эмес, президентти колдой тургандыгын айтышат".

Гүзөл сыяктуу эле Түркмөнстандын калган 2 жарым миллион шайлоочуларынын көпчүлүгү алдыдагы парламенттик шайлоону өлкөдөгү маанилүү саясий окуя деп санашпайт.

"Шайлоо бизде болгону бюрократиялык процедура, андан эч нерсе өзгөрбөйт. Жекшембидеги шайлоо деле башкача болот деп ойлобойм",- дейт 27 жаштагы атын атагысы келбеген журналист.

Түркмөн бийликтери бирок президент Курбангулы Бердимукаммедов 2006-жылы бийликке келгенден бери көп нерсе өзгөрдү деп айтышууда.

Экс-президент Сапармурад Ниязовдун 21 жылдык бийлиги тушунда Түркмөнстанда эл аралык коомчулук эркин же акыйкат деп эсептеген бир да шайлоо өткөн эмес. Ал эми жаңы президент Интернет кафелерди ачып, жаштардын чет өлкөлөрдө окуусуна шарт түздү. Ал парламенттик шайлоо тууралуу мыйзамды да өзгөрттү.

Бир партиялык система өзгөрбөгөн бойдон калганы менен, президент парламентке көбүрөөк бийлик берем деген. Ал парламенттеги мандаттардын санын 50дөн 125ке көбөйттүрүп, добуш берүүгө эл аралык байкоочулардын катышуусуна жол ачты.

Бирок түркмөндөрдүн көбү парламентте депутаттар көп болсо эле бул органдын таасири өсөт дегенге ишенишпейт. "Бардык талапкерлерди бийликтер тандаган, баары президенттин айтканынан чыкпайт" дейт журналист.

Ашхабаддагы шайлоо өкүлдөрүнө ылайык, шайлоого 280 талапкер катталды. Алардын басымдуу көпчүлүгү Түркмөнстандагы көзгө басар бийлик партиясынын мүчөлөрү. Калгандары аялдардын, жаштардын уюму өңдөнгөн мамлекеттик уюмдардын өкүлдөрү.

Эл шайлоо тууралуу кеңири кабардар болбогону менен, Азаттыктын кабарчысы менен маектешкен жергиликтүү журналист эл шайлоого жакшы катышып берет деп ишенет. "Адатта шайлоодон 1-2 күн мурда милициячылар үймө-үй кыдырып, элге шайлоого чыккыла" деп айтып чыгат. Түркмөнстанда эл тартип коргоочулардан коркот. Ошондуктан, милициянын сөзүн эки кылбайт."

Ал эми ашхабаттык Гүзел шайлоого ансыз деле бараарын билдирди. "Баары бир жекшемби эртең менен колум бош, барып добуш берип келем" дейт ал. Башка жердештеринин көпчүлвгүндөй эле Гүзел да талапкерлердин ысымдары менен биринчи жолу шайлоо күнү добуш бергени келгенде таанышат.


Айтматов – азыркы кыргыздын “атасы”

Чыңгыз Айтматов

Көзү тирүү болгондо Чыңгыз Айтматов бүгүн сексенге толмок. Адам баласына өлчөлүү өмүр, өктөлүү тагдыр берген жазмыш аны быйыл жайда арабыздан алып кетти. Улут үчүн бул опсуз чоң жоготуу болду.

Өзү жок болсо да эсил кишинин мааракеси эл-журтта майрамдалып жаткан бу күндөрү анын улут тарыхындагы жана тагдырындагы, көркөм маданияттагы орду тууралуу ой толгоп отуруп, кайра эле: “Айтматовдой чыгаан бир азамат кыргыздан эми чыгар бекен?” - деп камсыктырган санаага кабылбай кое албайсың.

Деги мынчалык кабырга кайышып, өктөө кылгыдай азыркы кыргыз үчүн Айтматов ким эле? Тек бир таланты менен көптөрдү тамшандырган жазуучубу же башка кыяпта да баалап, барктай турган адамбы?

Дүйнөлүк адабияттын алтаны

Айтматов, арийне, биринчи кезекте сүрөткер эле. Болгондо да азыркы заманда залкар аталган сөз зергерлеринин алдыңкы сабында турган, алардын алтандарына кирген сүрөткер болчу. Ал эми мындай таланттар көрүнгөн эле элдин шыбагасына бүтө бербейт, ар кандай эле калкка жазмыш аларды атаа кыла бербейт, андайлар жаза тайып кылымдап барып бир жаралып калат. Алп таланттардын аз сандуу элдер арасынан чыкмагы андан бетер кыйын болот.

Чыңгыз Айтматов. Фрунзе, 1985-ж.
Эгер Айтматов ушундай улуу таланттардын уркунан болбогондо кыргыз аны төбөсүнө көтөрүп, ураалап турганда да анын атак-даңкы азыркыдай бийик угумга жетмек эмес. Айтматов азыр катаал тарых өзү тандап, кылчыпкасынан сарыктырып өткөрүп, адамзаттын көөнөргүс көркөм байлыгы катары тааныган дөөлөттөрдү түзгөн дүйнөлүк сүрөткерлер менен ойчулдардын арасында турат.

Россиялык белгилүү адабиятчы Евгений Сидоров биздин Москвадагы кабарчыбыз Муса Мураталиев менен болгон маегинде Айтматов кара сөздүн эле чебери эмес, өз чыгармалары менен бүтүндөй бир ааламды жараткан жазуучу болгонун, ушу замандагы орус интеллигенциясына да анын таасири тийгенин белгиледи. Орус адабиятчысынын айтымында, Айтматов “далай кылымды карыта турган” жазуучу.
“Айтматов – дүйнөлүк адабияттын көч башчысы”. М.Шаханов, казак акыны.

Белгилүү казак акыны Мухтар Шаханов Айтматовду “дүйнөлүк адабияттын көч башчысы” катарында баалайт. “Айтматов кыргыздын Манастан кийинки эч кайталанбас улуу инсаны”,- деп айтты ал кабарчыбыз Кожогелди Култегинге.

Жаны өзүнүкү, жасаты элдики

Албетте, таланты таш жарып, аты урумга угулган сүрөткер деле элдин табагына аш салып, анын арыбас абыгерчилигин азайтып бере албайт. Бирок чыныгы сүрөткер өз эли үчүн андан да ашкан маанилүү озуйпаны аткарат: өзү аркылуу дүйнөгө өз элин даңаза кылат, анын атын чыгарат, өзү аркылуу өз элинин рухий каркын-күчү канчалык экенин көрсөтөт. Чыныгы жазуучунун жаны өзүнүкү, жасаты элдики болот.

Анын сыңарындай Айтматов ХХ кылымдын экинчи жарымында жеке бир адамдын ысымынан улуттун ысымына өсүп чыкты, “Чыңгыз” жана “кыргыз” деген эки сөздү бир түшүнүктүн туюнтмасына айлантты. Алыс-жуук жамааттын баары айрып алгыс эгиздей Чыңгыз десе кыргызды, кыргыз десе Чыңгызды таанып калды.
“Айтматов далай кылымды карыта турган жазуучу”. Е.Сидоров, орус адабиятчысы.

Дегинкисинде Мухтар Шахановдун өйдөкү оюн улап, Айтматовду улуттун соңку беш жүз жылдык реалдуу тарыхында Мукамбет-кыргыздан кийинки экинчи улуу кыргыз деп айтса болот. Мукамбет-кыргыз – уламыштарда аны Тагай бий дешет – чабылып -чачылгандан калган ар уруу тайпадан кыргыз деген эл кураса, Айтматовдон азыркы замандагы элдин көбү бүгүнкү кыргыздын аң-сезим деңгээлин, анын ой чабыт бийиктигин, улуттук рухунун ажайып көркүн көрдү; Айтматов аркылуу алар азыркы кыргыздар көп элден калышпаган, аларга эгей-шыгай турган калк экенине ынанышты. Ушундан улам Айтматовду азыркы замандагы кыргыздын рухий атасы болгон деп айтсак толук жарашат. Бери эле дегенде ал кыргыздын улуттук мандаты, анын азыркы доордогу “кароол дөбөсү” экени калетсиз.

Кыргыз, Чыңгыз – эгиз сөз

Кыргыздын канча кылым карыткан өтмүшүндө караңгыдан жол тапкан акылмандары, капилеттен сөз тапкан ак таңдай акындары менен чечендери, жетимиш илек кол келсе, жеке кирип кол салган баатырлары, айтор, өз өнөрү менен калың журтка аттын кашкасындай таанылган, коңшу-колоңдогу замандаш элдерге даңкы жеткен далай эле таланттуу адамдары болгон. Бирок өз элинин гана эмес, жалпы Евразиянын улуу өкүлү, өз заманындагы көңкү көк түрктүн абийири, ар-намысы жана сыймыгы, анын кеменгер философу жана озук ойчулу деген баага арзыган мүлдө тарыхтагы атпай кыргыздан жалгыз ушу Айтматов болду.

Далай заман өтүп, эчен доор алмашар, бирок кыргыз аман турганда Чыңгыз Айтматовдун ысымы улуттун сыймыгы, анын туусу болуп жашай берет!

Ылайым Кыргыз жана Чыңгыз деген эки ысым эгиздей болуп түбөлүк турсун!

Ч.Айтматовдун жарыяланбаган романы же маңкурттуктун чоо-жайы

Ч.Айтматов чыгармачылыгын аңгеме жазуудан баштап, андан повесть, романдарга өткөн. Жазуучунун адабий камылгасы чакталуу чагында роман жазып салганы буга чейин эскерилген эмес.

Адабиятчы Садык Алахан Чыңгыз Айтматов окуган Моквадагы Адабият институтутун архивин аңтарып, андагы жазуучунун өздүк ишин барактап чыккан. Ошол өзүмдүк документтен табылган жаңылыкты адабиятчы момундайча түшүндүрөт:

- Көп маалыматтар бар. Анда арызы бар. Ошол арызында жазат: “Мен ушул адабият багытындагы билимимди дагы да тереңдетким, дагы да өстүргүм келет”. Бул сүйлөм, көрбөйсүзбү, арыздын эч бир шаблонуна жатпай турган сүйлөм. Бул мурдагы зоотехниктин адабиятка, ага аралашууга, аны өздөштүрүүгө болгон аракетинин ушунчалык чоң болгонун билдирип турат. Дагы бир маалымат бар. “Менин жакында Жазуучулар союзунда айылдык мугалимдер жөнүндө “Сабак жүрүп жатат” деген романымдын айрым бөлүмдөрү талкуудан өттү”, деген сүйлөм бар. “Сабак жүрүп жатат” деген романым деп атат. Көрдүңүзбү, 1956-жылы эле “Биринчи мугалимдин” кандайдыр бир варианттары жазылган. Болгондо да роман жанрында.

Адабиятка жаңыдан башбактап жаткан үйрөнчүк калемгердин ал романынын “айрым бөлүмдөрүнүн” сакталып калган-калбаганы жөнүндө так маалымат азырынча жок. Ким билет, Ч.Айтматовдун чыгармачылыгын кадалып изилдегендердин бири үйрөнчүк калемгердин алеп-жалеп болуп отуруп жазган кол жазмасын таап алышы деле ыктымал. Садык Алахандын ырасташынча:

- Ошол “Сабак жүрүп жататтын” кол жазмасы табылса, архивде мүмкүн калып калгандыр. Себеби Жазуучулар союзу талкуулады деп жатпайбы. Ошону салыштырып изилдегенде адабиятчылар үчүн эң сонун болот эле. Жазуучунун көркөм эволюциясынын өнүгүшүн талдап бериш үчүн сонун факт болор эле.

Алгачкы аңгеме, үйрөнчү калемден чыккан “Сабак жүрүп жатат” артынан Ч.Айтматовдун атын дүйнөгө тааныткан айтылуу “Тоолор жана талааларга” кийин болсо ар биринин чыгышы чоң көркөм-адабий окуяга айланган “Гүлсарат”, “Ак кеме”, “Деңиз бойлоп жорткон ала дөбөт”, “Кылым карытар күн”, “Кыямат”, “Кассандра эн-тамгасы”, “Тоолор ураганда” сындуу повесть, романдар менен толукталды.

Ушуга улай Ч.Айтматов адабиятка эмне алып келди, анын көркөм дүйнөсүнүн өзгөчөлүгү кандай, деген жөнөкөй суроо чыгат. Адабиятчы Осмонакун Ибраимовдун айтуусунда, бу жарыкчылыкта жазуучулуктун арты менен атын чыгарып, материалдык туйтунууга жетишкен калемгерлер көп эле. Алардын арасында Ч.Айтматовдун орду башка.

- Адамдын түпкү задисин, адамдын адамдык турпатын, анын инсанияттык деңгээлин өйдө көтөрүүгө күч жумшап, ушуга болгон аракетин үрөгөн аз эле жазуучулар бар. Ошолордун арасында албетте, Чыңгыз Айтматов бар. Бул биринчиси. Экинчиси, Ч.Айтматовдун дүйнөлүк адабиятка киргизген ачылыштары, кошкон салымы жөнүндө айтканда бир нерсени дайыма эске алышыбыз керек. Ч.Айтматов дүйнөгө Борбордук Азия деген субконтиненттин, баш-аягы 100 миллионго жакын эл жашаган, бул жагы Казакстан, Кыргызстан, Өзбекстан, тиги жагы Түркия, Ооганстан жана башкалар. Ушулардын байыркы замандан келаткан тарыхы бар. Цивилизацияга тийгизген чоң салымдары бар. Ушул элдин мурунку жана кийинки, айрыкча Совет доорундагы өтө чоң тагдыры, зор турмушу, алардын ички турмушу, адамдык касиеттери, маданий өзгөчөлүктөрүн дүйнөгө терең ачып берген жазуучу экенин эске алышыбыз керек.

Бүтүндөй субконтиненттин гуманисттик портретин ачып бериш, О.Ибраимовдун пикиринде, дүйнөлүк адабиятта сейрек жаралчу көрүнүш. Андан да ушу тапта жаамы дүйнөлүк көркөм туюнтмага айланып кеткен тарыхый эстутум, маңкуртчулук жазуучунун мурунку чыгармаларында, атап айтканда, коммунисттик идеяны элет жерине жеткирүүгө далбас кылган биринчи мугалимдин кийинки муун тарабынан унутта калтырылышынан эле көрүнүп калган. Андай унутулуп калуу жалгыз эле Дүйшөндүн бешенесине жазылып калбаганын, маңкуртчулуктун тамыры чартактап, тереңге тарап кеткенин жазуучу кийинки чыгармаларында такай эскертип келди. Анысын Ч.Айтматовдун соңку романынан да баамдайбыз.

- Акырында ошол адам кыйын кырдаалда каза болуп калганын жана ошондо каза болгондо ошол кишинин өлүмүн да жөн көмө албай кыйынчылыкка туш болушканын чыгармасында жазып калтырган. Мен азыр ойлойм, Ч.Айтматовдун чынында пайгамбарчылык касиети бар эле. Кудая тообо, өз колу, өз калеми менен өзүнүн портретин жазып кетип атпайбы. Ошондон 4-5 ай өтпөй эле өзү тиги дүйнөгө сала берди. Бул да Ч.Айтматовдун бизге калтырган чоң табышмагы болуп калды,- дейт Осмонакун Ибраимов.

Адабиятчы Калык Ибраимовдун айтуусунда, Ч.Айтматов каймана туюнтууга, мифчыгармачылыгына биралдын көркөм зарылдыктан кайрылса, экинчи жагынан коммунисттик цензура, идеологиялык-саясий кысымдан чыгуунун бир аргасына айланткан.

- Себеби ал убакта көп нерселерди түз айтууга мүмкүн эмес эле. Ошондуктан жанагында мифологиялык образдарды, мифологиялык сюжеттерди пайдаланып, притча түрүндө, тамсил түрүндө чыгармаларына көп маани берген. Ч.Айтматовдун чыгармаларында катмар-катмар маани бар. Жалаңкат маани болбойт. Беш-алты кабат маанилери болот. Подтексттери болот. Аны түшүнгөндөр ал кезде түшүнүп атышкан. Көп эле адабиятчылар түшүнүп, чечмелеп, мисалы, Георгий Гачев деген деген жакшы адабиятчы бар эле а кишинин да көзү өтүп кетиптир. Ошолор мисалы үчүн Ч.Айтматовдун чыгармачылыгын жакшы ачып беришти.

Ал эми маңкуртчулуктун шириси Ч.Айтматовго чейин эле баланы кармап алып, башына шири кийгизүүгө келген душмандардын ниетин баяндаган айтылуу “Манас” эпосунда, андан да кенен сыпаттамасы казак жазуучусу Абиш Кекилбаевдин “Күү” повестинде баяндалган.

- Шири кийгизүүнүн ыкмалары да сүрөттөлгөн. Бирок бул легенданын, уламыштын өзүн эле жазып койгон. Бул бир өткөн көчмөн заманда баягы уруулар чабышып, бирин-бири талап-тоноп турган кезде түркмөндөрдүн бир уруусу менен казактын бир уруусу жоолашып турганда бир казак жигит түркмөндөргө колго түшүп калат. Ошого чачын кырып, төөнүн бучкак терисинен шири кийгизишет. Ошону сүрөттөп жазган. Шири эс-учунан ажыратып, маңкурт кылып таштайт. Менимче, Ч.Айтматов ошол чыгарма менен тааныш, андан таасир алган болуш керек. Бирок ал чыгармада Ч.Айтматовдукундай байыркы менен азыркыны, келечекти байланыштырган андай чоң контекст жок. Андай чоң, терең маанилер жок. Ал уламыштын өзүн гана, болгонун болгондой, психологиялык жаткан тереңдетип жазып койгон,- дейт Калык Ибраимов.

Ч.Айтматовдун алдагыдай көркөм ачылыштарын анын чыгармачылыгын терең изилдеген адабиятчы Георгий Гачев “космопсихология” деп атаган. Калык Ибраимов адабий илимге алынып кеткен ал түшүнүктү мындайча чечмелейт:

- “Космос” – жаратылыш, аалам. Ааламдын баарын жазды, Жаратылыштын баарын жазды. Айбанаттардын баарын жазды. “Психо” деген бул адамдын ички дүйнөсү. Адамдын жан дүйнөсүн, эмоциясын бул киши укмуштай жазды. Кармалбаган, анча-мынча адам сезбеген сезим-туюмдарын жазды. Окуп атып өзүң таң каласың. А “логос” – акыл, өзүнүн философиясы бар. Өзүнүн мифологиясын, мифологиялык дүйнөсүн түздү.

Ал дүйнөнү кайрадан ачып чыгуу, жазуучунун миллиондогон окурмандарына чечмелеп берүү мындан ары деле улана берчү иш. Мезгил арылап, убакыт колдон суурулган сайын улуттун улуулугу менен бийиктигин көркөм сөздү кастарлагандардын арасында кашкайта ачып берген жазуучунун чыгармаларынын ачылбай келген сырлары айкындала бермекчи.

Айтматовсуз 12-декабрь

12-декабрь – Кыргыз эл жазуучусу, адамзат дүйнөсүнө гүлазык болор көркөм дөөлөттөрдү жараткан улуу калемгер, улуу ойчул Чыңгыз Айтматовдун туулган күнү. Арабызда болсо дал бүгүн ал 80 жашка толмок.

Ооба, бүгүн өзгөчө күн! Бир өзгөчөлүгү, бүгүнкү күн – 12-декабрь 80 жылдан бери биринчи жолу Айтматовсуз өтүп жатат... Жазуучу Казат Айтматов бул күндү кандай атаарын биле албай кыйналды:

- Өзү тирүү болгондо тоюнун төрүндө олтурат эле. Аны биз 80 жылдык той деп айтат болчубуз. Бүгүн президент өткөрүп аткан нерсени эмне дейбиз, эскерүү кече дейбизби... Айтор, мүчүп калдык, өксүп калдык. Көзү болгондо башкача болот эле. Көп өлкөлөрдөн меймандар келет эле... Азыр эми эч ким деле чакырылган эмес окшойт...

Казакстан Улук Межилисинин депутаты, акын Мухтар Шаханов Бишкекте бүгүн өтчү мааракелик салтанаттарга Астанадан келерин эскертүү менен, Айтматов жөнүндөгү ойлорун ортого салды:

- Чыңгыз Айтматов – кыргыз адабиятынын гана эмес, казак адабиятынын гана эмес, бүткүл дүйнөлүк адабияттын улуу кайраткери, улуу көч башчысы! Чыкем кыргыздын Манастан кийинки эч качан кайталанбай турган улуу инсаны!

Көз жумуп сен – күчөттүң-ов жүрөгүмдүн жарасын,

Энди Ала-Тоодон да зор Чыңгыз-Тоо болуп каласың!

Ошол Ала-Тоодон да зор Чыңгыз-Тоонун ысымын Кыргызстандын өзүндө ылайыктуу жайларга бере албай, кыргыз эли, асыресе, кыргыз бийлиги ушул улуу мааракеге чейин талкуу, сөз менен гана чектелип келишти. Кечээ күнү парламент трибунасынан депутат Роза Отунбаева бул маселеге байланыштуу ачуу сөз сүйлөдү:

- Биздин демилгелүү топ Бишкектеги Чүй проспектисин Чыңгыз Айтматов проспектиси деп атоо сунушу менен кайрылдык эле. Ушундай адамга бир көчөнү ыраа көрө албай жатабыз! Мен кесиптештеримден суранат элем, биздин сунушту сиздер да жалпы колдоп койсоңуздар! Чыңгыз Айтматовго ыраа көрбөсөк, анда... Экинчи маселе, ошол эле Ата-Бейитте, Бишкекте эстеликтери курулуш керек эле. Ошолорго өкмөт сынак жарыялаш керек болчу. Биз андай аракетти көрбөй атабыз...

Мындан сырткары, бири-бирине катар турушкан Бишкектеги эски аянтка, эмен багына Айтматовдун атын берүү, эмен багындагы тээ илгери Айтматов 1-класста окуган имаратты Айтматов борбору кылып кайра түзүү, азыркы Карл Маркстын эстелиги турган жерге Айтматовдун эстелигин куруу сунуштары бар.

Мухтар Шаханов Казакстанда да Айтматовдун айкелин тургузуу маселесинде мыйзамдык тоскоолдуктар болуп жатканын жашырганы жок. Алардын мыйзамы боюнча, инсан өлгөндөн 5 жылдан кийин гана эстелик курса болот экен.

Заманыбыздын улуу жазуучусу жана ойчулу Чыңгыз Айтматовдун бала чагынан бир үзүм кабарды жазуучу Казат Акматов айтып өттү:

- Чыңгыз Айтматов өзү Жалал-Абатта төрөлгөн. Атасы ошол жакта иштеп аткан кезинде. 1-классты Бишкектен бүтүрүптүр. Бишкектин Эмен багынын арасында турган эки кабат имарат ошо кезде мектеп экен (азыр АУЦАга караштуу), ошол мектепте. Атасы Москвага окууга жөнөтүлүп, 4-класска чейин Москвада окуптур, анан Шекерге келген.

Бүгүн жазуучунун бейитине гүл коюлуп, китеп, сүрөт көргөзмөлөрү ачылат, жаңы китептеринин жүзачары, мааракелик гала-концерт болот.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG