Линктер

дүйшөмбү, 22-июль, 2019 Бишкек убактысы 11:27

Борбор Азия

УКУК КОРГООЧУЛАР ДИНИЙ УЮМДАР ЖӨНҮНДӨ ЖАҢЫ МЫЙЗАМГА КАРШЫ

Кубат Чекиров, Прага Казакстанда укук коргоочулар дин эркиндиги жана диний уюмдар жөнүндө мыйзам жарандардын укуктарын чектейт деп тынчсызданышууда. Шейшемби күнү чогулган укук коргоочулар ушундай маанидеги билдирүү менен чыгышты. Мыйзамдын авторлору өз кезегинде айтылган сын дооматтарды негизсиз деп четке кагып жатышат.

11-июнда парламент депутаттары кабыл алган "Казакстандагы дин эркиндиги жана диний уюмдар тууралуу" мыйзамга киргизилген өзгзртүүлөргө бир катар укук коргоочулар каршы пикирлерин билдиришти. Укук коргоочу Евгений Жовтис аталган мыйзам жобосу жарандардын жана диний уюмдардын укуктарын чектейт деп баса белгиледи.

"Казакстан ЕККУ уюмуна 2010-жылы жетекчилик кылайын деп отурса да аталган уюм коюп отурган талаптарды орундатууга ниет кылбай жатат. Парламенттин төмөнкү палатасы кабыл алган бул мыйзам жобосун кабылдоо Казакстандын ЕККУнун алдындагы милдеттерин аткаруу жолунан карама каршы жолго түшкөнүн, ал түгүл биз кол койгон бардык эл аралык декларациялардан баш тартканын көрсөтөт»,-деп айтты Е.Жовтис.

Алматы-Хелсинки комитетинин төрайымы Нинель Фокинанын айтымында аталган мыйзам жобосунда ойго салган шектенүүлөр оголе көп:

«Алардын көбү Казакстан Конституциясы менен эл аралык документтерге каршы. Маселен, мыйзам жобосуна ылайык, расмий катттодон баш тарткан диний уюмдарда сизге ошол топтон сырткары үгүт жүргүзүүгө тыюу салынат. Сизге үй-жай жалдоого жана анда жыйналыш өткөрүүгө тыюу салынат. Сизге ал түгүл кайрымдуулук чарасын өткөрүүгө тыюу салынат".

Анткен менен аталган мыйзамдык жобонун авторлорунун бири парламент мажилисинин депутаты Берик Бекжанов бул айтылган сын пикирлерди негиздүү эмес деп четке кагууда.

«Биздин оюбузча бул адам укуктарын чектебейт. Кайра адам укуктарын коргоого багытталган мыйзам жобосу. Анын негизги максаты да ошол. Элибизди катталып жашап аткан диний уюмдар ушул мыйзамдын чегинде иштеши керек. Биз Казакстан Республикасында жашап жаткандыктан ошол элдин жарандары катарында баарыбыздын укуктарыбыз менен милдеттерибиз бар. Бул мыйзам жобосун эл аралык стандартка шайкеш келбейт деп айтууга болбойт»,- деди Берик Бекжанов.

Жалпы улуттук социал-демократиялык партиянын төрага орун басары Амүржан Косанов диний эркиндик маселесин бийлик алдыдагы боло турган шайлоонун көз карашынан алып карап жатат деген пикирин билдирди.

«Маселен, Казакстан мусулмандарынын башчысын дайындаган кадимки коомдук уюмдун жыйналышында президент аппаратынын жетекчиси менен ошол кездеги министр кошо отурду. Бул деген Конституцияны бузуу. Дин эркиндиги маселесине бийлик жарандардын диний эркиндигинин көз карашынан эмес өзүнө керектүү дүрбүдөн карап отурат»,-деди Aмүржан Косанов.

Оппозициядагы партиялардын өкүлдөрү Казакстан бийлиги жарандардын диний эркиндигин гана эмес, 2010-жылы өзү төрагалык кыла турган ЕККУ уюмунун да мындан башка талаптарын аткарбай жатат деген сындарын айтышууда.

Статистикалык маалыматтар боюнча азыркы убакта Казакстанда төрт миңге жакын диний уюм катталган. Анын эки миңден ашыгыраагы исламдык, калганы христиандык уюмдар.

ТАЖИКСТАН: ТООЛУУ БАДАХШАНДА КЫРДААЛ КУРЧУП БАРАТАТ

Кубат Чекиров, Прага Тажикстандын алыскы чыгышындагы Памир аймагындагы Тоолуу Бадахшанда жергиликтүү лидерлер менен өкмөттүн ортосундагы чыңалган мамиле улам курчуган мүнөзгө өтүп баратат. Калк сейрек отурукташкан аймактын жашоочулары бир топ апта бою тамак-ашка баанын кымбатташына каршы арыз-дооматтарын билдирип жатышкан. Каршылык жыйындарын басуу үчүн бул жакка өкмөттүк аскерлер кошумча тартылганы жөнүндө кабардан кийин нааразылык жыйындар мурдагыдан бетер күч алды.

Азиянын тоолуу өлкөсүнүн эң алыскы бурчунда соңку учурда кырдаал кыйындап баратат. 18-июнда беш жүздөн ашык адам Тоолуу Бадахшан автономиялуу областынын борбору Хорогдогу акимияттын имаратынын алдына чогулуп, жергиликтүү лидерлерди кармоо үчүн бийлик аскерлерин жибергени жөнүндө кабарга кабатырлануу билдиришти. Ал жерге келгендердин арасынан бир аял эмне максат менен келген себебин мындайчы түшүндүрдү.

«Мен өкмөттүк аскерлер бул жерге келди деп уктум. Мен эки баланын энесимин, мен кан төгүлүшүн жана энелердин кайрадан кара кийишин каалабайм. Биз бул жерге согушка жол бербөө үчүн чогулдук. Бул жакка аскерлер эмне максат менен келди. Ошону түшүндүрүп беришсин, Эгер бизге ушуну айтышса биз тынч гана тарап кетебиз. Биз башка эчтекени каалабайбыз.»

Тоолуу Бадахшан Тажикстандын аймагынын дээрлик тең жарымына тете жерди ээлейт, деңиз деңгээлинен бир нече миң метр жогору жайгашкан. Ал жакта жашаган жарым миллиондой калктын басымдуу бөлүгү Агахандын жолун жолдогон исмаилиттер. Өлкөдө басымдуу калкы негизинен суниттер болгондуктан, алар Тажикстандын саясатынан абдан эле обочолонуп калышкан.

Бадахшан 1992-97 жылдары болгон атуулдук согушта ар кандай куралдуу топтордон кыйла жапа чеккен. Атуулдук согуш Тажикстанда жүз миңдей адамдын өмүрүн алган. Согуш токтогондон кийин бул аймактын калкы өз арбайын өзү согуп жашап келген. Бирок сонку учурда бир нече апта бою алар зарыл керектүү товарларга баанын жогорулашына, отун суунун тартыштыгына нааразылык билдирип чыгышкан. Бул жерден алар борбордук бийликтин ашкере кийлигишип жатканына да кабатыр болуп жатышкан.

Жергиликтүү оппозициячыл лидерлер кымбатчылык саясаты үчүн өкмөттү сындап чыгышкан. Оппозициядагы Социал-демократиялык партия дагы бул нааразылык чараларын колдоого алды.

Социал-демократтардын бул жактагы канатынын башчысы Алим Шерзаманов Хорогго жүздөгөн өкмөттүк аскерлер келгени жөнүндө кабарды алгачкылардан болуп тараткандардын бири. Эмки айда бул жакка президент Эмомали Рахмондун келиши да күтүлүп жаткан.

Мурдагы айда Күлөп аймагында да ушундай нааразылык жыйыны күч менен таркатылган болчу. Май айында Тажик өкмөтү баңги зат соодасы менен алектенгендерди кармап келүү талабы менен аталган аймакка аскер жиберген. Аскерлер Күлөптө жергиликтүү лидерди кармоого аракет кылышып, кармашуу маалында бир нече адам кайтыш болгон.

Бадахшанда жашаган эл эми аларга да каршы өкмөт ушундай күч колдонот деп санааркап турушат. Бадахшандагы өкмөттүн эн чоң төрөсү Касым Кадырдын үй бүлөсүн шашылыш түрдө борбор шаарга алып чыгып кеткени жөнүндө кабар эл арасын ого бетер дүрбөттү.

Нааразылык чарасына келгендердин бири Сабзали Мамадризаев автономиялуу аймактын башчысы үй бүлөсүн Дүйшөмбүгө алып чыгып кеткенине кандай себеп болгонуна таң калууда.

«Эгер бул жакта баары тынч болсо анда эмне үчүн ал үй бүлөсүн көчүрүп жиберди. Ал элге эчтеке айткан жок. Эмне үчүн бизге эчтеке айтпай жатышканынын себеби билгибиз келет».

Бийлик өкүлдөрү кошумча тартылган өкмөттүк аскерлер кайра кайтарыла турганын айтып убада кылышкандан кийин гана нааразылык чарасына келгендер тарап кетишти. Бирок эгер бул убада аткарылбаса алар эки күндөн кийин кайра демонстрацияга чыга тургандыктарын эскертишти.

ТҮРКМӨН УЛУТТУК КИЙИМИ ОРУСИЯНЫН МОДА ДҮЙНӨСҮН БАГЫНДЫРУУДА

Аида Касымалиева, Прага Жакында Орусиянын белгилүү модельери Вячеслав Зайцев күнүмдүк жашоодо кийилчү кийим-кечектердин жаңы коллекциясын элге тартуулады. Эң кызыгы, Зайцевдин көйнөктөрүн карап, түркмөндөрдүн улуттук кийминин элементтерин көрсө болот. Бирок бул заманбап көйнөктөрдү түркмөн аялдары өздөрү кие албайт көрүнөт. Түркмөн кыз-келиндери --> http://www.azattyk.org/rubrics/politics/ky/2008/04/2D2C4260-D712-46EA-8790-635D46663EB8.asp дагы да болсо мектептерге жана жумушка салттык улуттук кийимчен гана барат.

Ушул айда Ашхабатта болуп кайткан Зайцев түркмөндөрдүн улуттук кийим-кечесинен укмуштай таасирленгенин жана анын кийинки коллекциясы ушул элдин улуттук кийиминдеги оймолорго жана башка өзгөчөлүктөргө негизделээрин айткан эле.

Орусиянын айтылуу кийим дизайнери Түркмөнстанга Кездеме көргөзмөсүнө катышуу үчүн барган. Зайцев жаңы көйнөктөрдү күнүмдүк жашоодо кийүүгө болоорун, алар жалаң түркмөн пахтасынан даярдала турганын да ырастаган. Белгилүү модельер өз кыялын түркмөн саймасы да катуу таасирленткенин айтты.

Бирок кызыгы, Москвада мындай “өзгөчөлүү” кийимдерге кардарлар арбын табылаары анык, бирок Түркмөнстандын өзүндө болсо, тескерисинче, бул заманбап кийим-кечектерге эч кайсы айымдын көңүлү түшпөйт сыяктанат. Анткени салт катары дээрлик жер чийгендей чубалжыган узун көйнөкчөн жана улуттук баш кийимчен - “тахыячан” жүргөн түркмөн аялдары Зайцевдин кыска жана ачык көйнөктөрүн дээрлик эч жакка даап кийе алышпайт.

Түркмөнстандын мектептериндеги кыздардын униформасы дээрлик толугу менен улуттук кийимге негизделген. Ачык жашыл түс аралашкан, тизеден ылдый түшкөн көйнөктөр сайма менен кооздолгон. Уландардын да, кыздардын да улуттук тебетей - тахыя кийиши абзел.

Фарид Тухбатулин Вена шаарында «Түркмөндөрдүн демилгечи тобу» аттуу уюмду жетектейт. Анын баамында, жаштар, айрыкча башка улуттагылар мектепке түркмөн улуттук кийимин кийип баргылары келишпейт. Дегеле дүйнөдөн кайткан президент Сапармурат Ниязовдун бул жардыгына каршы чыккандар көп. Деген менен учурда жогорку окуу жайларда болобу, мектептерде болобу, кыскасы коомдук жайларда кыз-келиндер улуттук кийимчен жүрүшү дагы деле өзгөчө талап кылынган эрежеге жатат.

- Бардык университеттерде, мектептерде, кесиптик окуу жайларда атүгүл түркмөн эмес жаштар да улуттук кийим кийүүгө аргасыз. Бул эреже жаңыдан эле киргизилип жатканда макул болбогондорду стипендия бербейбиз, окуудан кетиребиз деп коркутушкан. Мына ушундай ыкмалар менен студенттер улуттук кийим кийүүгө мажбур болушкан.

Мындай мектеп униформасынын баасын көпчүлүк үйбүлөлөр көтөрө да алышпайт деп кошумчалады Фарид Тухбатулин.

Чет өлкөлүктөрдү таң калтырганы, Түркмөнстандын көчөлөрүндө көпчүлүк аялдар улуттук кийимчен жүрүшөт.

Кээ бирөөлөр муну мурдагы президенттин Түркмөнстанды дүйнөдөн обочо кармоо саясатына байланыштырышат. Эгемендиктин жылдары түркмөндөрдүн көпчүлүгү чет өлкөгө ээн-эркин чыгып, башка элдер кандай кийингенин көрүшкөн эмес. Ал арада Түркмөнстан да чет элдик конокторду көп сандап кабыл албайт болчу. Көз карандысыз интернет баракчаларына тыюу салынган бул Борбор Азия өлкөсүндө модага арналган журналдарды көрүү мүмкүнчүлүгү да чектелген болчу.

Бирок ошого карабастан, түркмөн аялдарынын бир даары улуттук кийимди өздөрү эле тандаганын, аны менен сыймыктанаарын билдиришкен.

Түркмөн аялдарынын улуттук кийими ачык түстөрү, кооз саймалары менен белгилүү. Кызыл, кырмызы, сары – өлкөдөгү айымдар ушул түстөрдү жакшы көрүшөт. Ал эми көйнөктүн жакасы жана жеңи кызыл же алтын түстүү жиптер менен жасалгаланат.

Түркмөн аялдары кооз кийингенди да жакшы билишет жана буга абдан аракеттенишет. Айрым түркмөн эркектер тамашалап, айымдар акыркы акчасын тамакка короткондон көрө, көйнөктөргө сарптаарын да айтып күлүп калышат.

Ал эми Ашгабаттын модачыл айымдары акыркы кездери өздөрүнүн өзгөчө стилин ойлоп табышты. Алар улуттук кийимди Европанын элементтери менен жуурулуштуруп тигип кийинишет. Мурда кенен болгон түркмөн көйнөгү азыр белинен кынаптала баштаган – бул да кызык жаңылык. Көйнөктүн жеңи да кыскарып, моюн жагы саал ачыгыраак боло баштаганы байкалат.

Бирок түркмөн аялдарынын улуттук кийимине негизделип ойлоп табылган Зайцевдин заманбап көйнөктөрү жакын арада Түркмөнстанга оңой менен келе койбойт дешет байкоочулар. Себеби Түркмөнстанда дагы деле болсо аялдын эмне кийээрин өкмөт чечет эмеспи.

ТАШКЕН «ОЗОДЛИКТИН» ЖУРНАЛИСТТЕРИН КОРКУТУП ҮРКҮТҮҮГӨ ӨТТҮ

Кубат Чекиров, Прага Адам укуктарын жана басма сөз эркиндигин коргоочулар, көз каранды эмес саясатчылар Өзбекстандын өкмөттүк сыналгысында Эркин Европа-Азаттык үналгысынын өзбек кызматы тууралуу өткөн аптада обого чыгарылган берүүнү кескин сынга алышууда. Берүүдө өзбек кызматынын кабарчыларына каршы коркутуп-үркүтүү, кыйыр сес көрсөтүү камтылган. Серепчилер бул берүүнү эркин басма сөзгө каршы кезектеги «террор» катары баалашууда.

Өзбек сыналгысы көрсөткөн бул бир сааттык берүүдө Эркин Европа-Азаттык үналгысынын Озодлик радиосунун, башкача айтканда өзбек кызматынын жамааты кескин сынга алынган. Өзбек кызматында иштеген кесиптештерибиз бул берүүдө мамлекеттик кызыкчылыктарга каршы иш-аракет жүргүзүп жатат деп айыпталган. Андан тышкары берүүдө бир катар өзбек журналисттердин жана алардын жакындарынын чоо жайы, үй адреси, паспорт даректери сыяктуу маалыматтар кеңири айтылган.

2005-жылы 13-майдагы Анжиян кыргынынан соң Озодлик радиосунун Ташкендеги бюросу жабылып, анда иштеген бир катар кабарчылар ушул тапта Прага шаарында иштөөдө.

Эларалык Кризис тобунун басма сөз жаатындагы бөлүм директору Эндрю Стролайн бул берүү тууралуу тынчсыздануусун жашырган жок.

-Бул абдан кооптондурган окуя. Бул сыналгы каналдары коопсуздук кызматтары менен тыгыз байланышта экендиги маалым. Былтыр Алишер Саипов аттуу башка бир журналистти дагы алар кабдан катуу сындашкан. Ошондон кийин аны өлтүрүп кетишпедиби,- дейт укук коргоочу.

Алишер Саипов былтыр октябрь айында Ош шаарында өлтүрүлгөн. 26-жашында өмүрү кыйылган бул журналист эркин гезиттин редактору болчу жана Озодлик радиосуна, андан соң «Америка Добушунун» өзбек кызматына маал-маалы менен кабар берип турган. Саиповдун гезитинде Ислам Каримовдун авторитардык режими кескин сынга алынып келген.

Озодлик радиосу тууралуу жаманатты кылган берүү Өзбекстандын аймактык үч сыналгы каналында 9-10-июнда көрсөтүлдү. Ташкенде жашаган эркин журналист Абдурахман Ташанов бул берүүнү жалпы эле эркиндикти сүйгөн өзбектерге каршы багытталган деп сыпаттайт:

-Бул берүү – демократтарга жана журналисттерге каршы жасалган террор, алардын өкмөттүн көз карашын колдобогондугу, ага каршы тургандыгы үчүн жасалып аткан саясий террор. Мамлекет мындай саясатын эгемендик жылдарынын башынан тарта эле жүргүзүп келатат. Эми бул саясатты ого бетер күчөтүүдө. Эми ал маалымат согушуна айланды. Бул саясатты режим өзүн сактап калуу учун жүргүзүүдө. Себеби Азаттыктан, БиБиСиден жана башка чет элдик маалымат карааттарынан чыккан демократиячыл үндөр өзбек өкмөтү үчүн түйшүк жаратууда,- дейт Ташанов.

Өзбек өкмөттүк сыналгы каналдарынын бул берүүсүн Эркин Европа-Азаттык үналгысынын президенти Жефри Гедмин «биздин журналистттерибизди коркунучка кириптер кылууга түздөн-түз жана атайылап жасалган аракет»,-деп сынга алды.

Өткөн аптада өзбек бийлиги Азаттыктын мурдагы кабарчысы укук коргоочу Салижан Абдурахмановду камакка алды. Ага өкмөткө каршы иш аракет жүргүздү деген айып тагылууда. Өткөн аптада өзбек полициясы Азаттыктын дагы бир мурдагы кабарчысы Насыр Закировду камакка алган. Закиров 2005-жылы Анжиян кыргынын алгачкылардан болуп чагылдырган журналистердин бири болуп саналат.

Сүрөттө: Анжиян окуяларынан бир көрүнүш

ТАЖИКСТАН: ПРЕЗИДЕНТТИН “КАЗА БОЛГОН” КАЙНИСИ ТИРИЛДИ

Мындан бир айдай мурда Тажикстанда жергиликтүү коммерциялык банктын башчысына байланыштуу калк арасын ар түрдүү каңшаар кептер аралап кеткен эле. Айрымдар анын “кайып болуп кеткенин” айтышса, кай бирөөлөр банкирди жакындары оор жарадар кылып, ошонун айынан ооруканада каза болгон деп ишенип калышкан болчу. Өткөн аптада өкмөттүк телеканал “жоголгон” банкир --> http://rfe.azattyk.org/rubrics/politics/ky/2008/05/97EC80BC-B77A-4FCF-BD13-7F5443370456.asp чоң жыйындардын биринде президент менен чогуу отурганын көрсөттү.

“Ориенбанктын” башчысы Хасан Садуллоев улуттук масштабдагы бараат чыккан бараандуу саясатчы, коомдук же маданий ишмер деле эмес. Аны көпчүлүк негизинен президент Эмомали Рахмондун бир тууган кайниси катары гана билишет.

Өткөн айдын башталышында ал өзүнүн жээни Рустам Рахмон - президенттин уулу- менен чатакташып, атыша кеткенби, же башка бирдеме болгонбу, айтор, желкесине ок тийип, аны шашылыш Германияга жөнөтүп, ошо жерде ооруканада каза болгону тууралуу бир катар маалымат каражаттары кабарлап чыккан эле. Банктын жетекчилиги да муну не төгүндөп, не ырастап берген эмес. Натыйжада калк ичинде президенттин үй-бүлөсү, анын жакын туугандары дүнүйө бөлүшө албай, катуу араздашып калыптыр деген кайбат-каңшаарлар жайылып кетти.

Өткөн аптада Садуллоевди президент Эмомали Рахмон менен чоң жыйында чогуу отурган жеринен өкмөттүк телеканал көрсөткөн соң уу-дуу сөз ого бетер күчөдү. Теледен көрсөтүлгөн Хасан эмей эле, анын түгөйү Хусейн экенин, Хасан жаратынан айыгып чыккыча коммерциялык банкка Хусейн баш-көз болуп турарын көрүп тургандан бетер айрым көз карандысыз басылмалар жазып чыгышты.

Эл аралык мамилелер боюнча институттун башчысы Шокиржон Хакимов бул ызы-чууга байланыштуу бийликтердин, биринчи кезекте “Ориенбанктын” маалымат саясатын сынга алды. “Хасан Садуллоевдин басма сөз кызматы тандап алган “унчукпас” азыркы коомдун талаптарына таптакыр туура келбейт,- деп билдирди ал “Азаттыктын” кабарчысына. – Анын үстүнө бул зыян гана алып келет, анткени демилгени башка маалымат булактары колго алып, президенттин үй-бүлөсүнө, анын жакындарына байланышкан бир катар жашыруун сырлар ашкере болуп кетти. Алардын көбү, арийне, негизсиз болушу мүмкүн. Бирок эми элдин пикирин өзгөрткөнгө кеч болуп калды”.

Эл арасындагы “узун кулактар” болсо Хасан жана Хусейн Садуллоевдердин саясатта, финансы чөйрөсүндө таасири күч алып баратат, буга президент Рахмондун үй-бүлөсү кооптоно баштады, ошондон улам таяке-жээндер ортосунда ыр-чыр көбөйдү дешет. Бу сөздөрдүн канчасы ырас, канчасы калп экенин айтуу кыйын. Бирок Садуллоевдер чын эле коммерциялык банктан тышкары он үч ишканага, алардын ичинде бир нече пахта заводуна, тамак-аш фирмаларына ээлик кылышат.

МУКТАБАР ТАЖИБАЕВА: "ӨЗБЕК ТҮРМӨЛӨРҮ – АДАМДАРДЫ КЫЙНОО АРАЛЫ"

Амирбек Усманов, Прага Дүйшөмбү күнү өзбекстандык укук коргоочу Мутабар Тожибаева абактан бошотулду. Тожибаева Анжиян шаарында --> http://rfe.azattyk.org/rubrics/human_rights/ky/2008/05/9946C609-CB02-4D7C-8342-61BF407A7E3C.asp үч жыл мурда болгон кызыл кыргын үчүн өзбек бийликтерин сындаганы үчүн сегиз жылга эркинен ажыратылган эле. Чыгаан аял абактан АКШнын мамкатчысынын жардамчысы Ричард Баучердин Ташкендеги сапарын утурлай чыгарылды. Мутабар айым “Азаттык” радиосуна берген маегинде, адам укугу үчүн күрөштү токтотпой турганын билдирип, Өзбекстандын түрмөлөрүн «уруп-кыйноонун аралы» деп атады. Жыл башында Евробримдик Өзбекстанга мурда киргизген санкциясын кайра карар алдында да өзбек бийликтери бир нече укук коргоочуга эркиндик берген.

Мутабар Тожибаева өзбек бийликтери буга чейин абактан күтүүсүз бошоткон адам укугун коргоочулар сыяктуу эле мартаблуу чет элдик конок Ташкенге келгенде түрмөдөн чыгарылды. Бул ирет өлкөгө АКШнын мамкатчысынын жардамчысы Ричард Баучер келди. Ал 2-июнда президент Каримов менен болгон жолугушуудан кийин Каримовго Өзбекстанда адам укугу жаатында айрым оң жылыштар болуп жатканын айтканын билдирди.

Мутабар Тожибаева эркиндикке чыгар замат «Азаттык» радиосунун өзбек кызматына берген интервьюда, абакта 970 күн өткөргөнүн айтып, өзбекстандын түрмөлөрүн зобун-зордуктун аралына салыштырды:

-Абакта отурганда бир гана нерсени - Өзбекстандын жашоодон жана адамдардан ажырап, уруп-кыйноонун аралына окшош түрмөлөрүн жакшы көрүп калдым. Ырас, минтип айтсак, эч кимди таарынтпайбыз.

Ферганалык укук коргоочу 2006-жылы мартта өкмөттү каралады, бирөөлөрдү коркутуп акча алды деген сыяктуу ондогон дооматтар менен сегиз жылга кесилген. Көзкарандысыз байкоочулар менен адам укугун коргоочулардын айтышынча, бийлик тайманбас сынчысынын оозун жабуу үчүн Тожибаеваны абакка салган. Жергиликтүү жана эларалык уюмдардын Тожибаеваны бошотуу жөнүндөгү чакырууларына өзбек бийликтери этибар бербей 2-июнда гана укук коргоочуну абактан шарттуу чыгарды.

Тожибаева шарттуу бошотулгандыктан, келерки үч жылда өкмөткө сын айтып койсо, кайра түрмөгө салына турганын айтат:

- Бул келерки үч жылда менин ар бир кадамымды байкап турушат дегенди билдирет. Мен эгер бийликте отургандардын, ырасмий адамдардын атына кандайдыр бир жагымсыз сөз айтсам, алар мени абакка кайра салгандын амалын табышат.

Тожибаева, 2006-жылы психикалык ооруканага убактылуу жаткырылып, күчтөп дарыландырылганына карабастан, өзү айткандай «кыйноонун аралында» отурган адамдардын абалын жакшыртуу үчүн күрөштү токтотпойм дейт:

-Мен Өзбекстандын түрмөлөрү кыйноонун аралына окшош деп айтпадымбы. Бул аралда кыйналып жаткан эркектер менен аялдар көргөн азап-тозокту унутууга менин акым жок. Өзбек түрмөлөрүндөгү уруп- кыйноону токтотуу жана камактагы эркек-аялдарды коргоону токтотпошум керек экенине ишенем. Бул менин азыркы милдетим.

Мутабар Тожибаевага адам укугун коргоодогу өзгөчө каармандыгы үчүн ай башында Мартин Эннал атындагы эларалык сыйлык ыйгарылды. Бул сыйлыкты Эларалык Мунапыс, Хьюман Райтс Уотч жана башка таанымал адам укугун коргоочу уюмдар негиздеген.

БОРБОР АЗИЯ АПТА ИЧИНДЕ

-Тажикстандын Куляб шаарында турак үйгө жайгашып алган куралчандар менен коопсуздук күчтөрүнүн ортосунда дээрлик он саатка созулган атышуу жүрдү. Натыйжада үч адам каза таап, үч киши жаракат алды. Атышкандардын бир тарабында жарандык согуш учурунда исламчыл оппозицияга каршы күрөшкөн, президент Эмомали Рахмондун бийликке келишине салым кошкондордун бири, маркум Лангари Лангариевдин туугандары болгон.

-Орусиянын Жогорку соту Өзбекстандын жаранын мекенине өткөрүп бербөө жөнүндө чечим кабыл алды. Бул Орусиянын Жогорку сотунун өзбек жарандарына байланыштуу мурдагы чечиминен айрымаланат. Анын себеби эмнеде?

-Түркмөнстанда АКШ мамлекеттик катчысынын Борбордук жана Түштүк Азия боюнча жардамчысы Ричард Баучер болду. Анын айтымында, азыр эки өлкөнүн алакалары жакшырууда, Түркмөнстан болсо өзгөрүүлөрдү баштан өткөрүп жатат.

АЗЫК-ТҮЛҮК ТАРТЫШТЫГЫ ТАЖИКСТАНГА ЖЕТТИБИ?

Амирбек Усманов, Прага Дүйнөлүк банк жарды өлкөлөргө азык-түлүктөн --> http://www.azattyk.org/rubrics/economics/ky/2008/05/192A70D0-064F-4256-85C9-2044EC649551.asp жардам көрсөтүү үчүн 1, 2 миллиард долларлык атайын программаны сунуш кылды. Бул каражат эң биринчи кезекте кош бойлуу аялдар менен мектеп окуучуларын тамактандырууга, ошондой эле чакан чарбаларды дан азыктарынын уруктары жана жер семирткичтер менен камсыздоого сарпталат. Эларалык жардам берилчү жарды өлкөлөрдүн тизмесинде Кыргызстанга коңшулаш Тажикстан да бар.

Азык-түлүккө болгон талап келерки он жылда төмөндөбөйт. Ошон үчүн тамак-аштын баасы өсө берет, деп айтылат Бириккен Улуттар Уюму бейшемби күнү жарыялаган изилдөөдө. Соңку айлардагы азык түлүктүн, айрыкча дандын баасынын өсүүсү аба-ырайына байланыштуу болгондуктан, табият дыйканчылык үчүн ыңгайлуу болгон жылдары тамак-аштын наркы арзандашы ыктымал. Тамак-аш азыктарынын кымбатташы, Улуттар Уюмунун Азык түлүк агенттигинин башкатчысы Жак Диуф мойнуна алгандай, акыркы он жылдыкта айыл чарбасынын абалына жетерлик маани берилбегенден улам болду.

Мындай шартта дүйнөнүн кедей өлкөлөрүнө жардам берилбесе, кош бойлуу аялдар, болочок муун эсептелген мектеп окуучуларынын денсоолугуна чоң зыян келтирилет, же болбосо Экономикалык кызматташуу жана өнүгүү уюмунун соода жана айыл чарба агенттигинин башчысы Стефан Тангермэнн айткандай, «жаш муундун келечеги караңгы болот»:

-Азык-түлүк кризиси деген көптөгөн адамдар, өзгөчө, жаш балдар начар тамактанып калат дегенди түшүндүрөт. Бул жарды үйбүлөлөрдө төрөлгөн балдар курсагы тойо тамак жешпегендиктен жана өмүрү катаал шартта өткөндүктөн, мындай балдардын бүтүндөй бир муунунун келечеги караңгы болот дегенди билдирет.

Жарды өлкөлөрдүн элин катаал абалга жеткирбеш үчүн Дүйнөлүк банк 1-июлдан башталчу каржы жылы үчүн айыл чарба жана азык-түлүк программасына бөлгөн каражатын 2 миллиард долларга көбөйтө турганын жарыя кылды. Өтүп бараткан каржы жылында аталган программа үчүн 4 миллиард доллар бөлүнгөн. Бул чаралар, Дүйнөлүк банктын жетекчиси Роберт Зелилликтин айтышынча, 2 миллиард чамалуу адамды ачкачылыктан куткарууга мүмкүндүк берет. Жардам алчу өлкөлөрдүн ичинде Гаити, Либерия, Йемен, Того жана Тажикстан бар.

Азык түлүктүн баасынын жогорулашына күйүүчү майлардын кымбатташы, Индия, Кытай сыяктуу экономикасы ылдам өсүп бараткан өлкөлөрдө элдин азык-түлүккө, өзгөчө эт азыктарына болгон талабынын өсүүсү өбөлгө түзүүдө. Андан тышкары данды биотунга пайдалануу да тамак-аш тартыштыгына же баанын өсүшүнө таасир эткен.

Дүйнө элин азык-түлүк менен камсыздоо маселеси келерки жумада Римде өтчү эларалык жыйында талкууланат.

БОРБОР АЗИЯДА БИЙЛИКТЕГИ АДАМДЫН КУДАСЫ БОЛУУ КООПТУУ

Борбор Азияда президенттердин тууган-урук, кудаа-сөөктөрү каадалуу кызмат орундарына оңой эле келип, мамлекет башчысынын канаты астында зор таасирге ээ болушат жана чоң бизнес империяларды курушат. Бирок кээде туугандар, көбүнчө кайын-катнаш ортосун кара мышык аралап, айрымдарын алдындагы кызмат ээри гана кыйшайбастан, айрым учурда башынан да айрылып калышат, же ушундай коркунучка --> http://rfe.azattyk.org/rubrics/politics/ky/2008/05/97EC80BC-B77A-4FCF-BD13-7F5443370456.asp туш келишет.

Советтик системада бийликке тиши өтпөй тургандыгын жакшы билген карапайым советтик жарандар "өтө бийик көтөрүлбө, кулаганда жамбашың аман калат" деп айтышчу.

Пост-советтик Борбор Азияда бул сөздү айрыкча бийликтин эки тизгин бир чылбырын чапчып отурган мамлекет башчыларынын кайын-журтуна карата айтса жарашчудай.

Тажикстанда Хасан Садулоев колхоздогу катардагы эле жумушчу болуп жүрчү. Бүгүн ал өлкөдөгү эң ири банктардын бири – «Ориент» банкты жетектейт, ага дагы 13 ири компания тиешелүү деп айтышат. Бирок аны тажиктер биринчи кезекте президент Эмомали Рахмондун кайниси катары билишет. Мына эми Садулоев мындан бир ай мурда дайынсыз жоголгон бойдон табыла элек. Жергиликтүү гезиттер "Садуллоевди Рахмондун балдарынын бири өлтүрүп, же оор жарадар кылган" деп жазышууда.

Додожон Атовулло - диссидент-журналист, Рахмондун режиминен качып, көп жылдардан бери Москвада жашайт. Анын айтымында, Садулоевду "саясий амбициялары" үчүн көзүн тазалашты:

- Кийинки кездери Хасан Садулоев "эгер президентке бирдеме болсо, анын ишин мен алып кетем" деп, өзүн Рахмонго альтернатива көрө баштаган. Тажикстанда бийликтин эки очогу болуп калган: бири Рахмондун, экинчиси Садуллоевдин айланасында.

Казакстанда президент Нурсултан Назарбаевдин кызы Дарига менен ажырашып кеткен Рахат Алиевди жакында казак соту сыртынан соттоп, 40 жылга эркинен ажыратты. Ал азыр Австриянын баш калаасында сүргүндө, кайнатасынын былыктарын "төкпөй-чачпай, америкалык сотко айтып берем" деп беленденип турган кези.

Кезегинде Алиев да көптүн бири катары, врач болуп иштечү. Бирок тез эле жылдызы көкөлөп, чоң кызматтарда отурду. Дарига менен ажырашканда, Казакстандын Венадагы элчиси болуп иштеп жаткан.

Алиевден ажырашып кеткени менен, Дарига Назарбаева да жазасыз калбаганы көңүл бурдурат. Күйөөсүнүн айланасында жаңжал чыккандан кийин анын "Асар" партиясы иш жүзүндө таркап кетти. Дариганын саясаттагы таасири да солгундап калды.

Өзбекстанда президент Каримовдун кызы Гулнара теги ооган, америкалык ишкер Мансур Максуди менен ажырашкандан кийин, Максудинин Ташкендеги урук-туугандарын автобус менен Ооганстандын чегарасына алып барып, ары түшүрүп салышкан. Ал эми анын «Кока-Кола» менен биргелешкен фирмасынын 3 ишканасын милиция тинтип, жумушчулары куугунтукка кабылган.

ТҮРКМӨНСТАНДА КОНСТИТУЦИЯЛЫК РЕФОРМА БОЛОТ

Түркмөнстанда --> http://rfe.azattyk.org/rubrics/politics/ky/2008/05/2210AAA6-82F1-4478-9C0D-989419E0D9A7.asp конституциялык кайра куруу жараяны күүгө келе баштады. Жалпы элдин атынан айтылган жаңы сунуштарга ылайык, 3 миңге чукул мүчөсү бар Эл жыйынынын мандаттары парламентке жана президентке берилмекчи. Бул пландан өлкө демократияны көздөй арым таштады деген жыйынтык чыгаруу али эрте, президенттин кызмат нөөмөтүн 7 жылга чейин узартуу идеясын да артка чегинүү деп атаса болобу, азырынча айтуу кыйын.

Канчалаган жылдардан бери биринчи жолу Түркмөнстанда мыйзамдык жаңылануу күтүлүүдө. Бирок аны, чынында да, жылыш же артка кетенчиктөө деп бир беткей баалаш кыйын.

Жаңы түзүлгөн Конституциялык реформалар боюнча мамлекеттик комиссия 22-майда президент Гурбангулы Бердымухамедовдун катышуусу менен жыйын өткөрдү. Анда Межлистин, же бизче айтканда, парламенттин төрайымы Акжы Нурбердиева Элдик жыйындын милдеттерин парламентке жана президентке бөлүшүүнү "эл каалап" жаткандыгын мындайча баяндады:

- Атуулдардан Калк Маслахатынын макамын өзгөртүп, анын бийлик ыйгарымдарын Түркмөнстандын президентине жана Түркмөнстандын парламентине өткөрүп берүү тууралуу көптөгөн сунуштар келип түштү.

Халк Маслахаты же Элдик жыйын бүгүн Түркмөнстандын башкы мыйзам чыгаруу органы деп саналат. Анын 2 жарым миңдей мүчөсү бар, бирок кээде анын жыйындарына 3 миңдей делегат катышат. Андагы парламент депутаттарынан башка бардык мүчөлөр шайлоо эмес, бекитүү жолу менен келет. Маслахат ишкерлерден, өкмөт өкүлдөрү, жумушчулар, дыйкандар, коомдук уюмдардын башчылары, улуттук азчылыктар, айыл аксакалдары, айтор калктын ар кыл катмарларынын өкүлдөрүнөн куралган.

Парламенттин төрайымы белгилегендей, бул органдын көлөмдүүлүнөн улам, аны башкаруу кыйын, иши да көңүл жылытаарлык эмес:

- Халк Маслахатынын жылда бир өткөн сейрек жыйындары жана мүчөлөрүнүн көптүгү маселелерди тез-тез чечип, конституциялык мыйзамдарды кабыл алууга тоскоол болот.

Нурбердиева жетектеген парламент болсо 65 гана депутаттан туруп, бийлик ыйгарымдары өтө чектелүү. Анын үстүнө бүт бийлик иш жүзүндө бир кишинин колунда болгон мамлекетте ал президенттин мыйзам долбоорлорун бир добуштан колдоп берүүнүн гана органы болуп калган.

Азыркы сунуш боюнча, парламенттеги депутаттардын саны дээрлик эки эсеге көбөйтүлүп, 125ке жеткирилет. Ал эми Халк Маслахаты Түркмөнстандын Аксакалдар кеңешине айландырылат.

Мындан тышкары президенттин кызмат мөөнөтү азыркы беш жылдан жети жылга узартылат шекилдүү. Муну да парламенттин жетекчиси сунуштады.

Ошону менен Түркмөнстандын мамлекет башчысы коңшулаш өлкөлөрдүн көпчүлүгүндөгүдөй эле мөөнөттө кызмат өтөй турган болот. Бирок көз карандысыздыктын 17 жылында 2 гана жолу шайлоо болгон өлкөдө жети жылда бир шайлоо өтүп турганы да жакшы жөрөлгө эмеспи?!

Мындан тышкары, Конституциялык комиссиянын мүчөлөрү жаңы Конституциянын долбоорун даярдамакчы. Өлкөнүн Демократия жана Адам укуктары боюнча Улуттук институтунун жетекчиси Ширин Ахмедованын айтымында, баш мыйзамдын долбоорун түзүүдө Бириккен Улуттардын конвенцияларынан тартып, коңшу өлкөлөрдүн Конституциялары да көңүлгө алынды.

БОРБОР АЗИЯ АПТА ИЧИНДЕ

Орусиянын жаңы президенти Дмитрий Медведев чет элге алгачкы сапарын Казакстандан баштап, Астанада болду. Борбор Азиянын чегинен алганда, бул бир жагынан аймактык атаандаштыкта Казакстандын Өзбекстандан ашып өткөнүн дагы бир ирэт көрсөткөн окуя катары бааланды. Мындан сегиз жыл мурда Орусиянын ал кездеги жаңы президенти Владимир Путин алгачкы сапарын Өзбекстанга жасаган эле.

Түркмөнстанды азыркы президенти Гурбангулы Бердымухаммедовдун бийлик мөөнөтү беш жылдан жети жылга чейин узартылышы мүмкүн. Ал эми мамлекеттик бийликтин эң жогорку органы катары эсептелген - Халк Маслахатынын маккамы кыйла төмөндөп, иш жүзүндө жоюлат. Мындай сунуш өлкө Конституциясына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду даярдоо үчүн түзүлгөн комиссиянын отурумунда айтылды.

Түркмөнстан Мары шаарындагы аскер-аба базасын НАТОнун карамагына берүүгө камынууда. Бул тууралуу германиялык "Шпигель" журналы жазып чыкты. Түркмөнстанга НАТОнун күчтөрү жайгашуусу толук мүмкүн экенин, мунун белгилери буга чейин эле байкалганын "Азаттык жана Эркин Европа" радиосуна берген интервьюларында немис жана орус эксперттери да белгилешти.

ОРУС ПРЕЗИДЕНТИНИН САПАРЫ АСТАНАНЫН АЙМАКТЫК АТААНДАШТЫКТАГЫ ЖЕҢИШИБИ?

Орусиянын жаңы президенти Дмитрий Медведев өзүнүн алгачкы тышкы саясий сапарын --> http://rfe.azattyk.org/rubrics/politics/ky/2008/05/A86332C4-000B-43B8-BAC6-EA3C7C11C8A9.asp Казакстандан баштап, кечээ Астанада сүйлөшүүлөрдү өткөрдү.1990-жылдардын башынан бери эле казак президенти Нурсултан Назарбаев менен бирге өзбек президенти Ислам Каримов да аймактын негизги оюнчусу болуу үчүн атаандашып келгенин эске алганда, бул окуя Астананын ошол атаандаштыкта оозуп бара жатканынын дагы бир ирээт эске салып тургандай.

Мындан туура сегиз жыл мурда Орусиянын ал кездеги жаңы президенти Владимир Путин кызматка киришкен соң, өзүнүн чет элдик биринчи расмий сапары менен Өзбекстанга барган эле. Өзбекстан менен Казакстандын орду азыр эмне үчүн алмашып калганын түшүнүү үчүн алардын Орусия менен советтик доордон кийинки мамилелеринин айрым өңүттөрүнө кайрылуу туура өңдөнөт.

Советтик доордон кийинки кыска тарыхта Өзбекстандын да, Казакстан сыктуу Батыш менен жылуу мамиле орноткон учурлары болду. Бирок Ислам Каримов муну Орусиянын эсебинен жасаса, Казакстан эч качан Москваны жээриген эмес. Нурсултан Назарбаевдин Орусияны "Кудай берген кошуна", деп атаган жайы бар. Согушту жана тынчтыкты чагылдыруу боюнча Лондондогу институттун улук редактору Жон МакЛеод мындай дейт:

-Бул эки лидер ортосундагы маанилүү бир айрымачылык, качан өзбектердин Батыш менен мамилеси салыштырмалуу жакшырган же Өзбекстан Батышка кызмат кылып жаткан учурда, Орусия менен мамилеси кайра начарлайт. Назарбаев болсо алаканы эки жак менен тең бирдей алып жүрдү. Бул - айрымалуу жана көбүрөөк ийкемдүү ыкма.

Казакстандын Орусия менен ийиндешип турганына кошумча мына ушундай ийкемдүү ыкмадагы саясаттын жүргүзүлүшү эки өлкөнүн саясий жана экономикалык мамилелеринин тереңдешине салым кошкон жок деп айтыш кыйын. Казак мунайынын көбү азыр сыртка Орусия жана анын куурлары аркылуу чыгууда жана тараптар мунай–газ кендерин иштетүү, жаңы куурларды төшөөө боюнча долбоорлорго катышуу багытында биргелешип аракеттенип жатат. Казакстан 2010-жылы ЕККУ уюмунунда төрагалык кылуу маккамын алышында Москва Астананын дипломатиялык жактан башкы колдоочусу болду.

Ал эми Өзбекстан көз карандысыздык алгандан кийинки жылдары Орусиядан жана КМШ уюмдарынан оолактап, өз алдынча саясат жүргүзүп, Батыш менен да жакшы мамиле орнотууга талаптанган. Москва менен Ташкенттин ортосундагы муз ал кездеги жаңы президент Владимир Путиндин 2000-жылкы визитинен кийин эрий баштаган эле.

Андан соң 2005-жылы май айында Анжияндагы кан төгүүдөн кийинки окуяларда Орусия Ташкенттин тарабында болду. АКШ жана Батыш өлкөлөрүнүн Анжияндагы кан төгүү боюнча көз карандысыз иликтөө жүргүзүү жөнүндөгү талабына жооп кылып, президент Каримов америкалык аскерий базанын өлкөдөн алты ай ичинде чыгарылып кетишин капыстан эле талап кылды. Андан төрт жылга жетпеген убакыт мурда эле 2001-жылдын 11-сентябрдагы терракттан кийин Ооганстандагы аскерий операцияларга колдоо көргөзүү үчүн Өзбекстанда америкалык базанын жайгашуусун расмий Ташкент кубаттап кабыл алган болчу.

Анткен менен Согушту жана тынчтыкты чагылдыруу институтунун улук редактору Жон МакЛеоддун көз карашында, Анжиян окуясы жана президент Каримовдун оома, туруксуз тышкы саясаты Орусияда ага ишенбөөчүлүктү жаратпай койгон жок:

-Мисалы үч жыл мурда Анжиянда орун алган кыянатчылыктар учурунда Орусия өзбек өкмөтүн колдогону айныксыз. Бирок буга окшогон инцидент өлкөдөгү узак мөөнөттүү стабилдүүлүккө көлөкө түшүрөт. Адамдар өлкөнү ушул кишинин башкаруусу туурабы деп ойлоно башташы мүмкүн?

Айтор Орусиянын Борбор Азиядагы кызыкчылыктарын эске алганда, Орусиянын жаңы президентинин тышкы саясий сапарын Казакстандан баштоосу, Астана аймактык атаандаштык үчүн күрөштө Ташкенттен үстөмдүк кылып жатканынын дагы бир мисалы катары каралууда. Лондондук талдоочу Жон МакЛеоддун пикиринде, Казакстан бул позициясын узак убакыт колдон чыгарбоосу мүмкүн:

-Казакстан Борбор Азияда саясий, экономикалык жактан да үстөмдүк кылган өлкө жана менин болжолумда мындай жагдай Нурсултан Назарбаев бийликте калганга чейин уланаары анык.

Атаандаштык демекчи, акыркы бир ай ичинде Астанада Кыргызстан , Өзбекстан, Тажикстандын президенттери болду. Кыргыз жана тажик президенттери Нурсултан Назарбаевдин Борбор Азия союзун түзүү жөнүндө узактан бери айтылып келе жаткан идеясын колдошсо, Ислам Каримов бул ирээт ал демилгени толугу менен четке какты. Бул атаандаштык али токтой электигинин ишарасы окшойт.

БОРБОР АЗИЯ: БАШ КАЛААНЫН КООЗ КӨРҮНҮШҮ ЖЕ ҮЙ-ЖАЙСЫЗ КАЛГАН ТУРГУНДАР

Аида Касымалиева, Прага Соңку бир нече жыл ичи Борбор Азия өлкөлөрүндө чоң шаарларды жаңыртуу долбоорлорунун алкагында эски имараттарды --> http://www.azattyk.org/rubrics/human_rights/ky/2008/04/8B71CA2C-C2E0-42F6-9BEB-85E5A8A511EB.asp сүрдүрүп салып, алардын ордуна жаңы имараттарды куруу модага айланды. Ашхабат, Дүйшөмбү, Алматы шаарларында үйүнөн ажырагандардын көбүнө мамлекет тарабынан эч кандай каржылык жардам каралбагандыктан, эл нааразылык акцияларына чыкты. Шаар бийлигинин чечиминен улам миңдеген адамдар үй-жайысыз калышууда. Ушуга окшош эле кырдаал эми Өзбекстандын баш калаасы Ташкентте да кайталанууда.

Ташкент быйыл 2200 жылдыгын белгилөөгө даярдык көрүүдө. Шаар бийлиги мына ушундан улам баш калаага жаңы көрк берүүгө дилгирленип турат.

Көптөгөн жеке үйлөр бульдозер менен сүрдүрүлүп, алардын ордуна жаңы имараттар салынмакчы. Көчүрүлгөндөргө берилчү каржылык жардамдын көлөмү өтө эле аз.

Атын атоодон баш тарткан бул айым 48 жашта. Ал Ашхабатта 1990-жылдары башталган шаардын турпатын өзгөртүү саясатынын курмандыгына айланганын айтат.

-Биздин үй 2005-жылы бузулган. Ошондон бери көп кабаттуу үйдө ижарада турабыз. 3 бөлмөлүү үйдө 15 адам чогуу жашайбыз. Бийликтен турак-жай сурасак, ашыкча үй жок деп жооп кайтарышат.

Бул айымга окшогон көптөгөн адамдардын үйлөрү сүрдүрүлүп, алардын ордуна Ашхабат шаарында жаңы имараттар, айнектен жана мрамордон жасалган кеңселер, жолдор, гүлзарлар менен саябандар пайда болгон.

Коңшу Казакстанда да ушул эле көрүнүш. Өлкө бийлиги мунайдан түшкөн ири кирешени шаарларды оңдоп-түзөө иштерине жумшаган. Дүйшөмбү, Ашхабат жана Алмата шаарларынын тургундары, чындап келгенде бизди өкмөт үйлөрүбүздөн кууп чыкты деген пикирлерин айтышууда. Каржылык көмөк көрсөтүүнүн ордуна шаар бийликтери “үйлөрүңөр мыйзамсыз жол менен курулган” деп тургундардын өздөрүн күнөөлөгөн учурлар көп.

Ал эми Дүйшөмбү шаарынын башчылары болсо, ар бир үйбүлөгө шаардан оолак жайгашкан жерден 900 чарчы метр жер берилээрин айтышууда. Бирок эски там-жайынан ажыраган тургундарга жаңы үй курууга эч кандай акча же курулуш материалдар берилбейт экен. Акчалай жардам эң жакыр үйбүлөлөргө гана көрсөтүлмөкчү. Бул тизмеге айына 6 доллардан аз акча тапкан бүлөлөр гана илинет. 6 доллар – бул Тажикстандагы эң төмөнкү айлык. Ушуну эске алганда, үйүнөн ажыргандардын дээрлик бардыгы компенсациядан куржалак калчудай.

Кызыктуусу, эски тамдар сүрүлгөндөн көп өтпөй эле ал жерлерге элде “элитный үйлөр” деген атка конгон имараттар түшүүдө. Мисалы Ашхабаттын түштүк райондорунда мындай жаңы үйлөрдүн баасы 60 миң АКШ долларынын башталат. Ал эми Алматыда болсо баалар Европадагыдай.

Дүйшөмбүнүн карапайым тургуну Жамалдин Сиражовдун үйү да 2 жыл мурун бульдозер менен сүрдүрүлүп, андан бери Жамалдин үйбүлөсү менен ижарада турат. Жамалдин үчүн “жөн эле үйлүү болуу да ишке ашпас кыялга” айланган.

-Менин үйүм бузулуп салынган. Кайда бараарымды же эмне кылаарымды билбейм. Мен өкмөттү түшүнбөй турам – алар эмнени көздөп жатышат: жаңы нерсе курууну же курганды бузуунубу?!

Апрель айында Сиражов жана башка үйүнөн ажыраган 40 адам бийликтен компенсация талап кылышып, наарзылык акциясына чыгышкан. Ошол эле күнү 20 аял тажик президентинин кеңсесинин алдында чогулуп, үйлөрүнүн сүрдүрүлүп жаткандыгына нааразы экендигин билдиришип, камалышкан. Аялдардын айтымында, алар “болочокто мындай иш-чараларга катышпайбыз” деген убада беришкенден соң бошотулушкан.

Алматынын бир нече тургуну өздөрүнүн оор абалына бийликтин көңүлүн буруу үчүн ачкачылык акциясына чыгышкан. Бирок бийлик өкүлдөрү буга камырап да коюшкан жок.

Борбор Азиянын бийликтери миңдеген шаар тургундарынын кызыкчылыктарына көз жуумп ири шаарларды көрктөндүрүү иш-чараларын уланта беришчүдөй.

ӨЗБЕКСТАН-ОРУСИЯ: КӨП КЫРДУУ САЯСАТ

Соңку апталарда Ташкент менен Москванын мамилелери сууп бараткандай ишараларга күбө болдук. 13-майда “Өзбекнефтегаз” мамлекеттик ишканасы Малайзиянын «Петронас» газ концерни --> http://rfe.azattyk.org/rubrics/economics/ky/2008/05/E1DCF636-69F8-4561-AA11-24ECBF91C72E.asp менен келишимге кол коюп, мурда орус энергетиктери чалгындаган 3 участокту малайзиялыктар иштетмей болду. Eurasia View басылмасы ушул темага токтолуп, Ташкент өзүнүн эски геополитикалык оюндарына кайтты деп жазат.

Ошентип, Өзбекстан менен Малайзия 1 жарым миллиард долларга бааланган келишимге кол коюшту. Натыйжада 2004-жылдан бери Өзбекстандын түндүгүндөгү 3 кенге үмүт артып жүргөн «Газпром» кур жалак калды.

12-майда болсо Ташкентте орустардын «Союзнефтегаз» энергия компаниясынын каржылоосу менен курулган 3 медициналык клиниканын ачылуу аземи болду. Россиянын мунай жана газ өндүрүүчүлөр биримдигинин директорлор кеңешинин төрагасы Юрий Шафраникти бул иш-чарада Өзбекстандын Москвадагы элчиси гана коштоп жүрдү. Өзбекстандын бир дагы өкмөт мүчөсү ага катышкан жок.

Анын алдында, Ташкенттеги Пушкин көчөсү Эгемендүүлүк көчөсү деп өзгөртүлдү. Эң кызыгы, бул жөнүндө 7-майда, орус президенти Дмитрий Медведев ант берген күнү жарыяланды.

Өзбекстандын мамлекеттик маалымат каражаттары Ислам Каримовдун Медведевге жолдогон куттуктоосун басышкан жок. Ошол эле маалда, жергиликтүү интернет сайттардын бири жазганына караганда, Медведев Каримовго Жеңиш күнү менен куттуктоо жиберген.

Саясий аналитик Санобар Шерматованын пикиринде бул окуяларды өз өзүнчө алып караган оң. Жалпылап алганда, Өзбекстандын саясатында антироссиялык багыт пайда болду деген ой жаралышы ыктымал. Бир сөз болгон окуялардын себептери ар башка. Маселен, Пушкин көчөсүнүн өзгөртүлүшү Ташкент шаарынын 2 жылдан кийин белгилене турган мааракесине байланыштуу болушу мүмкүн.

-Газ келишимин алсак, «Газпром» газдын транзитине кызыкдар. Акыркы маалда компаниянын тактикасы өзгөрдү. «Газпром» Россиянын аймагындагы кендерге артыкчылык берип, аларды өздөштүрүүгө акча сарптоону оң көрөт. Себеби, ал инвестициянын тагдыры кайсы бир өлкөнүн бийликтерине багынкы болбойт.

СССР кулагандан кийин Россия менен жакшы мамилелерин өз бийлигин чыңдоо үчүн пайдаланып келген Каримов, 11-сентябрь окуяларынан кийин АКШ менен стратегиялык кызматташтыгын өркүндөтүүгө өтөт.

Бирок 2005-жылкы Анжиян окуяларынан кийин Ташкент-Вашингтон мамилелери кескин начарлап кетти.

Кремлден көз каранды болуу Каримовго, албетте, жакпайт, андыктан өзбек лидери АКШ жана Европа биримдиги менен мамилелерди калыбына келтирүү кадамдарына позитивдүү жооп берди. Батыштын колдоосуна ээ болуу перспективасы Москва менен алакаларды экинчи планга жылдырып койгонсуду.
Өзбекстандык көз карандысыз серепчи Камалиддин Рабилов Ташкент-Москва мамилелеринин мындан аркы өнүгүшүн кеп кылганда Каримовдун ролун эстен чыгарбоо зарыл дейт:

-Өзбекстан эгемендүүлүк алгандан бери Каримов Москва менен дайым конфронтацияда болуп келген. Анжиян окуяларынан кийин Москвага барганда, кээ бир маалыматтарга караганда, Каримов Кремлде Путинди 1 саатка жакын күтүп калган имиш. Каримов мындай окуяларды унутпайт.

Айрым кабарларга ылайык, Өзбекстан Москва менен масилиеттешпестен НАТОнун Ооганстан боюнча сунушуна макулдугун берди. Ооганстанга аскерий эмес жабдыктарды, тамак-аш жеткире турган темир жол Өзбекстандын аймагы да аркылуу өтмөкчү.

Жакында Россия Өзбекстандан кээ бир айыл чарба продукциясын, анын ичинде пахтаны импортоого убактылуу тыюу салды. Орус бийликтери муну коңуздун кооптуу бир түрү табылганы менен түшүндүрүштү. Байкоочулар болсо Грузиянын жана Молдованын шараптарына киргизилген чектөөнү эске салып, саясий жүйөөнү да жокко чыгарышпайт.

Ошентсе да, атын атабаган ташкенттик серепчилердин бири белгилегендей, Россия Өзбекстандын ири соода шериги, геосаясий союздашы, андыктан Ташкент Москвадан таптакыр алыстап кетет деп айтуу кыйын.

ШКУ: ШААНИСИ ЭЛЕБИ ЖЕ МААНИСИ ДА БАР БИРИКМЕБИ?

Быйыл адеп түзүлгөнүнө он эки жылга аяк баскан Шанхай Кызматташтык Уюму - тарыхый чен өлчөмдөн алганда жаш бирикме. Башында чек араларда ишеним орнотууну көздөгөн уюмдун кийинки мүдөө-максаттары, ишинин натыйжалуулугу, Кытай жана Орусиянын гана кызыкчылыгы үстөмдүк кылып калганы же Борбор Азия өлкөлөрү үчүн да пайдалуулугу боюнча түрдүү көз караштар айтылып, талкуулар жүрүп келүүдө. ШКУ --> http://rfe.azattyk.org/rubrics/politics/ky/2008/05/8B61829F-563A-462F-B086-A7EE6760C530.asp боюнча ушул аптада Астанада да конференция өттү.

Борбор Азиянын төрт өлкөсү менен катар Орусия жана Кытайдын башын бириктирген ШКУну батыштык айрым эксперттер "Чыгыштын НАТОсу" деп мүнөздөшкөнү менен анын мүчөлөрүнүн бири экинчиси менен кеп–кеңешпестен туруп эле өз алдынча чечим кабыл алуусун улантууда.

Ириде Кытай менен Орусиянын алакасынан тынчызданган Кошмо Штаттардын Мамлекеттик департаментиндеги расмий өкүлдөрдүн айтымында, Шанхай Кызматташтык Уюмунун алкагында жасалган билдирүүлөр эмес, ал мүчөлөр ортосундагы кызматташтыкты колдоо үчүн эмне жасап жатканы маанилүү. АКШнын кээ бир расмий адамдары ШКУда ушул эки өлкө үстөмдүк кылгандыктан, алар калган мүчөлөрдүн да суверенитетин чын эле бекемдеп жатканынан шек санашат.

ШКУ геосаясий күрөштөрдүн курмандыгы болуп жаткан Борбор Азия өлкөлөрүнүн көз карандысыздыгын тескерисинче алсыратып жатканын айрым эксперттер да айтышат. Бирок Стратегиялык изилдөөлөр боюнча Лондондогу институттун кызматкери Оксана Антоненко мындайга макул эмес. Анын көз карашында, ШКУ - Борбор Азия үчүн өтө пайдалуу уюм:

-Орусия менен Кытай аскерий жана экономикалык кубатынын чоңдугунан улам гана Шанхай Кызматташтык Уюмунда үстөмдүк кылган державалар экени анык. Бирок, менимче, иш жүзүндө ШКУда бир, атүгүл эки оюнчу да бийлик кылбайт. Бул Борбор Азия үчүн өтө пайдалуу, себеби ал аймактын чакан өлкөлөрү өз кызыкчылыктарын күн тартибине алып чыгып, Орусия жана Кытай сындуу өлкөлөр тарабынан урматталышына мүмкүндүк берген жалгыз платформа. Муну Орусия жана Кытайдын кимиси болбосун, эки тараптуу мамиленин алкагында чечүү алар үчүн өтө кыйынга турмак.

Стратегиялык изилдөөлөр боюнча Лондондогу институттун эксперти Оксана Антоненко кошумчалагандай, ШКУнун саммитинде кабыл алынып келген чечимдер багыт берүүчү гана принциптер. Ага мүчө өлкөлөрдүн баары бир саясатты гана карманат деп күтүү реалдуу эмес:

-Менимче анын мүчөлөрү биринчи кезекте өзүнүн гана саясатын карманары таң калыштуу эмес. Мүмкүн болгон деңгээлде алар аракеттерин координациялоого, кызыкчылыктарын бириктирүүгө умтулушат. Орусия жана Кытай сындуу өлкөлөрдө көп учурда өзгөчө мүдөөлөрү бар. Демек, алар биринчи кезекте өз кызыкчылыгын көздөшөт. Атүгүл НАТО же Евробиримдик өңдүү уюмдарда мүчө өлкөлөр бирикменин жалпы кызыкчылыгына шайкеш келбеген өз кызыкчылыктарын карманышат.

Ушул апта башында Астанада "ШКУ – Аймактык кызматташтыктын заманбап үлгүсү" деген аталыштагы конференция өттү. Уюмдун башкатчысы Болат Нургалиевдин ушул жыйында билдиргенине караганда, учурда башка өлкөлөрдү да толук кандуу мүчөлүккө кабыл алуунун критерийлери иштелүүдө. Мүчөлүккө арыз Индия, Пакистан, Иран, Монголия сындуу өлкөлөрдөн түшкөн. Азыр алар ШКУнун отурумдарына байкоочусу статусунда катышып келүүдө.

Болат Нургалиев белгилегендей, байкоочу болуу мүдөөсүн башка бир катар өлкөлөр, анын ичинде Ооганстан да билдирген. ШКУга мүчө же байкоочу болууга көп өлкөлөрдүн умтулуп жатканы, Стратегиялык изилдөөлөр боюнча Лондондогу институттун эксперти Оксана Антоненконун көз карашында, уюмда Кытай жана Орусия үстөмдүк кылбаганынын күбөсү.

Анткен менен кээ бир экспеттер ШКУда АКШга, жок дегенде анын тышкы саясатына каршы туруу максаты бар деп эсептешет. АКШдагы аскер-согуш колледжинин Стратегиялык изилдөөлөр боюнча институтунун профессору Стивен Бланк "Азаттык жана Эркин Европа" радиосунун кабарчысы менен болгон маегинде белгилегендей, ШКУнун алкагындагы аскерий машыгуулардын күчөшү ал Борбор Азиядагы террор коркунучуна караганда, Тайван же Түндүк Корея менен чыгып кетиши ыктымал согуштардан көбүрөөк тынчызданганын көргөзүүдө:

-ШКУнун өкүлдөрү үчүнчү өлкөгө же тарапка каршы багытталган эмеспиз деп ар убак айтышканы менен сиз алардын 2001-жылдан берки комюникелерин карасаңыз, атүгүл ага чейинки орус–кытай комюникесин карасаңыз алар АКШ каршы багытталган тышкы саясий билдирүүлөргө шыкалган. Бул аскерий машыгуулар кеңейүүдө. Көптөгөн эксперттер ал антитеррордук деп аталган иштер, атүгүл Борбор Азия менен гана чектелгенине ишенишпейт.

АКШ жана ШКУ демекчи өткөн аптада эле Конгрессте мамлекеттик катчынын Түштүк жана Борбор Азия боюнча жардамчысы Ричард Баучерге Вашингтондун ШКУ жана Борбор Азия өлкөлөрү менен мамилеси жөнүндөгү суроолорго жооп берүүгө туура келди:

- Биздин аймактагы саясатыбыз Борбор Азиянын беш өлкөсү суверендүү жана көз карандысыз мамлекеттер, алар менен биз маселелердин кеңири чөйрөсү боюнча көп багыттуу алканы карманышыбыз керек деген шартка гана бекем негизделген. Биздин саясат - Борбор азиялыктардын өз ара алакасына басым жасоо. Биз бул жерде, айрымдар айткандай, "Улуу оюнду" жүргүзүшүбүз же башка державалар менен ойношубуз керек эмес. Биз аймактагы өлкөлөрдүн ар бири менен алардын өз жолуна ылайык иштешүүбүз, мүмкүнчүлүк жана шарт тартуулообуз абзел. Биздин аймактагы жалпы максатыбыз айдан ачык. Биз суверендүү, стабилдүү жана демократиялык, адам укуктарын урматтаган өлкөлөрдүн өнүгүүсүн колдоого умтулабыз. Биз ошондой эле алар дүйнөлүк экономикага интеграциялануусун, Кошмо штаттар жана биздин өнөктөштөр менен кызматташуусун, аймактык коопсуздукту жана стабилдүлүктү чыңдоосун да каалайбыз.

Бул аралыкта ШКУда үстөмдүк кылат деген өлкөлөрдүн бири - Орусиянын жаңы президенти Дмитрий Медведев алгачкы тышкы саясий сапарын апта соңунда Казакстан жана Кытайдан баштаган жатат. Андан кийин гана Германияга бармакчы.

Москванын Батыш жана АКШ менен мамилеси бузулуп турган шартта анын чү дегенде эле Казакстан менен Кытайга барышы Орусия үчүн башка маанилүү өнөктөштөр да бар экенин көргөзүүнүн ыкмасы катары да каралууда. Орус президентинин адегенде эле Астанага келүүсү Казакстан азыр Орусиянын КМШ боюнча эң баалуу жана татыктуу өнөктөшү деген аргументтерди да бекемдөөдө.

ТАШКЕНТ “ДИН ҮГҮТТӨӨЧҮЛӨРҮНӨ” КАРШЫ КҮРӨШӨ БАШТАДЫ

Аида Касымалиева, Прага Өзбек мамлекеттик сыналгысы кабарлагандай, ырасмий Ташкен Батыш диний агымдарына каршы атайын чараларды көрө баштады. Бийлик өкүлдөрү “Иегованын күбөлөрү” өңдүү диний --> http://rfe.azattyk.org/rubrics/religion/ky/2008/02/731620A7-7A0F-4232-A717-CFB36979AEE4.asp сектанын ишмердигин - постсоветтик мейкиндикте демократиялык реформаларды ишке ашыргысы келген АКШнын жана башка Батыш өлкөлөрүнүн “саясий куралы” деп каралашат.

Адамды диний көз карашы үчүн куугунтуктоо Өзбекстанда кеңири тараган көрүнүш. Укук коргооочулар билдиргендей, бийлик өкүлдөрү мамлекеттин колдоосуна алынбаган уюмдардан башка топторго мүчө болгон жарандарды дароо экстремист деп шекшип, кысмакка ала баштайт.

Президент Ислам Каримов өзү да христиан динине караштуу топторго басым көрсөтүүдө.

Жакында Өзбек мамлекеттик телеканалы тарабынан даярдалган даректүү тасмада “Иегованын күбөлөрү”, “Христиандардын Евангелие чиркөөсү” өңдүү диний агымдар жөнүндө “алар диний догмага, фундаментализмге, терроризмге жана бангилик менен чогуу, бул топтор глобалдык проблеманы жаратууда” деп айтылат. Тасмада өзбек улутундагы диний жана саясий серпечилер менен катар ортодокс жана католик чиркөөлөрүнүн өкүлдөрү майда диний агымдарды кескин сындашкан.

Алардын бири - Өзбекстандын Ислам университетинин теологу Жасур Нажмиддинов христиан даватчыларын “саясий курал” жана “геосаясий оюндардын бөлүгү” деп күнөөлөйт. Теолог мырзанын пикиринде, диний агымдар атүгүл саясатка кийлигишип, Украинадагы ыңкылапта башкы ролдорду ойношкон.

Нажмиддинов “Азаттыкка” берген интервьюда христиан диний агымдары “өзбек коому үчүн жашыруун коркунуч туудуруп жатканын”, алардын баары “терроризмге жана банги аткезчилигине катыштыгы бар” адамдар экенин айттты:

-Миссионерлердин өлкө ичиндеги ишмердүүлүгү биздин коомду бүлүнтүп салышы мүмкүн. Мисалы, миссионер өзбек үйбүлөсүнүн мүчөсү, же биздин үйбүлөдөн же тууганыбыз болуп, өзүнүн динин өзгөртсө, анын үйбүлөсү ага чыдабайт.

Даректүү тасмада диний агымдардын мүчөлөрүнүн чогуу Кудайга сыйынганы көрсөтүлүп, динин өзгөрткөн адам, мамлекетин да сатып кетет деген ой айтылат.

Өзбекстандын мыйзамдары диний даватчыларга, катталбаган диний топторго жана текшерүүдөн өтпөгөн диний материалдарды басып чыгарууга катуу тыюу салат.

Норвегиялык “Форум 18” уюму - дин эркиндигинин жактоочуларынын катарында. Уюмдун мүчөлөрүнүн ырасташынча, өзбек милициясы жеке үйлөрдү тинткен, диний агымдардын мүчөлөрүн кармап кеткен, диний иш-чараларга катышып калган чет өлкөлүктөрдү өлкөдөн айдап жиберген учурлар көп.

Дин эркиндигин жактагандар жана өзбек бийлигинин сынчылары мусулман коомчулугу башка диний уюмдарга караганда алда канча күчтүү кысмакка алынып жаткандыгын айтышат. Өкмөттүн мындай чукул кадамдарынан улам көптөгөн карапайым мусулмандары тор артында отурушат.

Өзбекстандын белгилүү имамы Абидхан Кори Назаровдун пикиринде, көп адамдар өкмөттөн коркуп, динден алысташууда.

-Бул өкмөттүн жүргүзгөн саясатынын натыйжасы. Себеби өкмөт мусулмандарды өз эркине койбой жатат. Адам сакал койгондугу үчүн, жоолук салынгандыгы үчүн кеминде иштен айдалат же окуудан чыгарылат. Атүгүл түрмөгө түшөт. Бийликтен коркуп калк негизги мусулмандык парздарын да аткаралбай жатат. Көптөгөн ата-энелер корккондуктан балдарын намаз окутушпайт, мечитке бардыртпайт.

Серепчилердин баамында азыр Өзбекстанда совет доорундагыдай кырдаал түзүлдү. Анткени Советтер Союзу учурунда мечиттер жана чиркөөлөр мамлекеттин катуу көзөмөлүндө болгон.

ТҮРКМӨНСТАН МЕНЕН АЗЕРБАЙЖАНДЫН МАМИЛЕСИ ОҢОЛУУДА

Азербайжандын президенти Илхам Алиев --> http://rfe.azattyk.org/rubrics/politics/ky/2008/05/2210AAA6-82F1-4478-9C0D-989419E0D9A7.asp ушул аптада Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедов менен сүйлөшүү жүргүзүп, "ортодогу бардык маселелер чечилди" деп жарыялады. Ошондо, Бакы калаасындагы сүйлөшүүдө кандай макулдашуулар жетишилди?

Бакы сүйлөшүүсүндө айдан ачык жылыш болбогон болушу мүмкүн, бирок бир кездеги өчөшкөн Азербайжан менен Түркмөнстандын ортосунда "муз эрий " баштаганында шек жок.

Эки өлкөнүн президенти тең эки жак үчүн бирдей келечектүү алакаларда "жаңы баскыч жетишилди" деп жар салышты. Кабарчылар менен баарлашканда Илхам Алиев да, Гурбангулы Бердымухамедов да "бир тууган элдер", "жалпы кызыкчылыктар" деген сөздөрдү тартынбай колдонуп жатышты.

Бул түркмөн президентинин Азербайжанга 1996-жылдан бери биринчи жолу барышы. Бердымухамедов конок тосуучу тарапка жогору баа берип, Бакы өкмөтүнүн 44 миллион доллардык карызы кечилээрин бышыктады.

Ал ошондой эле "миңдеген жылдардан берки терең байланыштарды дагы тереңдетүүнүн зарылчылыгы баса белгиленгенин бышыктады.

Ошол эле убакта Түркмөнстандан Каспий деңизи аркылуу Азербайжанга өтүүчү газ кууру тууралуу сөз кылганда, президенттер конкреттүү убада жасашкан жок. Каспий деңизинде эки өлкөнүн так ортосунда жайгашкан 3 талаштуу кен тууралуу да сөз болгон жок.

Бул маселелердин башын ачыш үчүн алгач Каспийдин деңиз же көл экендигин тактап алыш керек. Анткени эгер ал "көл" деп табылса, анын жээгиндеги мамлекеттер өз тарабындагы кендерди каалагандай өндүрө алат. Бирок Каспий "деңиз" болуп чыкса, анын кен байлыктарын бардык беш мамлекет бирге колдонуп, пайдасын тең бөлүшүшү керек. Ушуга байланыштуу Бердымухаммедов буларды айтты:

-Каспийдин мыйзамдык макамын аныктап, тийиштүү келишим түзүү бардык жээктеш мамлекеттер үчүн чечүүчү мааниге ээ.

Алиев да Түркмөнстан менен Азербайжан бул жаатта жемиштүү кызматташса, маселе толугу менен чечилээрин белгиледи.

Мындан тышкары эки өлкөнүн президенттери сентябрь айында "Түркмөнстан менен Азербайжандын мунай-газы" деген темада конференция өткөрүүгө макулдашышты. Эки тараптын дипломаттары да ат тезегин кургатпай бири-бирине каттап тура турган болушту.

Бул эки өлкөнүн алакасындагы оңолууга Кошмо Штаттары менен Европа Биримдиги үмүттүү байкоо жүргүзүп турган чак. Себеби алар жана Борбор Азиядан мунай-газдын ташылышына болгон Орусиянын үстөмдүгүн чектөөнү көздөгөн башка тараптар "Азербайжан менен Түркмөнстан ынтымакташса, Каспий аркылуу ташуу жолу курулуп калса" дегенде ак эткенден так этип турушат.

ИСЛАМ КАРИМОВ “ЭКИНЧИ СОКРАТ” АТАЛДЫ

Өзбек президенти Ислам Каримов --> http://www.azattyk.org/rubrics/politics/ky/2008/04/DFB411A9-E7E6-4645-BA53-26912D899DC6.asp жаңы китеп жазып чыгарды. Айрымдар авторду “философия жана этика темасында адамзат тарыхында Сократтан кийинки эле көөнөрбөс эмгек жараткан экинчи ойчул” кылып жарыялашты. Ал эми жергиликтүү студенттер болсо Каримовдун жаңы эмгегин зериктирме, колго алгыс китеп катары баалашты.

Каримовдун жаңы китеби “Бийик руханият - жеңилбес күч” деп аталат жана 30 миллиондон ашуун нускада сатыкка чыгарылды. Буга байланыштуу Ташкенде азан-казан эл катышкан жыйын болуп, аны өкмөттүк телеканалдан көрсөтүштү. Жыйынга катышкандар Каримовду бүткүл тарыхта Сократтан кийинки эле экинчи ойчул кылып баалашты. Акын Махмуд Тахир кайсы заман болбосун алмустактан бери эле чыгаан адамдар өз элине, андан соң жалпы адам пендесине туура жол көрсөткөн көсөм болуп келишкенин айтып, Каримов да жаңы эмгегинде дүйнөлүк өнүгүүгө, өзбек элинин келечегине байланыштуу өтө терең көз караштарын баяндаганын белгиледи.

Каримовдун бул китеби да мурдагы эмгектериндей эле мектеп окуучуларынан тартып студенттерге, профессорлорго чейинки илим-билим адамдарына милдеттүү түрдө сунуш кылына турган окуулук болуп калмакчы. Өзбекстанда кайсы кесипке, атүгүл ветеринария адистерин даярдабасын, бардык жогорку окуу жайларында студенттер президенттин китептери боюнча экзамен тапшырышат. Окуучулар болсо орто мектепти бүтүрөрдө, университеттерге кирерде ушундай сынактан өтүшөт.

Дегинкисин айтканда, ортоазиялык лидерлер китеп жазууну өздөрүнүн президенттик борчундай көрүп алышты. Нурсултан Назарбаев, мисалы, “Төбөлсүздүк стартегиясы” жана “Евразиянын толтосунда” аттуу көлөмдүү эки китептин автору. Эмомали Рахмон тажик элинин тарыхы боюнча бир нече эмгек жазып, алардын баары мектептерге атайын сабак катары киргизилген. Гурбангулы Бердимухамедов бийликке келген соң бир нече айдан кийин эле медицина тармагына арналган эмгегин бастырып чыгарды. Өз кезегинде Аскар Акаев бир нече китеп жазган. Ыктыярмандар кала берсе Курманбек Бакиевдин да сүйлөгөн сөздөрүн бир томго топтоп, жыйнак кылып бастырышты.

Бирок азырынча жазуучу-президенттердин бири да маркум Сапармурат Ниязовго теңеле элек. Түркмөнбашынын “Рухнамэси” учурунда түркмөндөр үчүн Курани каримдей эле ыйык деп жарыяланып, башталгыч класстардан тартып жогорку окуу жайларынын баарында окутулган. Жадакалса шоферлук күбөлүк алчулар да атайын экзамен тапшырышкан. Ашхабатта “Рухнамэге” арналып заңкайган эстелик тургузулган.

Ташкенде азырынча Каримовдун китептерин ыйык деп жарыялаша элек. Анын үстүнө өзбек президентинин эмгектери көбүнчө саясий өңүттө жазылган. Ошол себептүү жаштар, айрыкча студенттер аларды мойну жар бербей, айла жоктон окушат.

Бул ирет жаңы китебин Каримов Анжиандагы окуялардын үч жылдыгына туштап, негизинен чет элдик маалымат каражаттарындагы айыптоолорду төгүндөө максатында чыгарган шекилди. Бери эле дегенде Анжианга байланыштуу ал “өзбек эли эч качан эч кимдин көзүн карабай турганын” атайылап эскерткен. Байкоочулар Каримовдун бу жолу адамгерчилик, бийик морал, ыйман, жалпысынан руханият темасына кайрылганы да тегин эместигин баамдашты.

ТҮРКМӨНСТАН ЖАНА АЗЕРБАЙЖАН ЕВРОПАНЫН АЖАТЫН АЧАБЫ?

Түркмөнстандын президенти Гурбангулу Бердымухаммедов бүгүн Азербайжандагы иш сапарын баштоодо. Бул түркмөн мамлекет башчысынын Бакуга акыркы 12 жылдан бери алгачкы ирээт келиши жана саналуу жыл мурда эле ортосунда эч мамиле болбогон эки өлкөнүн алакасы алга жыла баштаганын көргөзүүдө. Сүйлөшүүлөрдө талкууланары күтүлүп жаткан башкы маселе –Каспийдин газ байлыктарын тышка экспорттоонун жолдору. Алар газ корлорун кандай иштетерине кызыгып жаткан тараптар аз эмес. Учурдагы шарт –жагдай эки өлкө мына ушул багыттагы өнөктөштүгүн чыңдоосуна өбөлгө берип тургандай.

2003-жылы бийликти атасынан мурастап калган азери президенти Ильхам Алиев менен 2006-жылдын соңунда мурдагы президенттин көз өткөн соң мамлекет башчылыгына келген Гурбангулу Бердымухаммедовдун жолугушуусу тарыхый жана ири окуя катары бааланууда. Азыркы лидерлер кезинде компартиянын казанынан кайнап чыгышкан, маркум Гейдар Алиев менен Сапармурад Ниязовдун доорун артка таштап, алар чече албаган талашты жөнгө сала алабы деген үмүт жок эмес. Согушту жана тынчтыкты чагылдыруу боюнча баш кеңсеси Лондондо жайгашкан инстититуттун редактору Жон МакЛеод эки өлкөнүн расмий өкүлдөрү ортосунда быйыл бул визитти утурлай жемиштүү сүйлөшүүлөр жүргөнүн белгилейт:

-2008–жылдын ичинде дипломатиялык ишмердүүлүк күчөдү. Бул өлкөлөрдүн экономикалык комиссияларынын, министрлеринин, министр орун басарларынын бир нече жолугушуулары болду, элчилик деңгээлиндеги дипломатиялык алака толугу менен калыбына келтирилди. Азербайжан 90-жылдардын башында отун менен камсыздаганы үчүн Түркмөнстанга акча карыз эле. Бул маселе чечилди. Алар инвестицияны коргоо жөнүндөгү макулдашуу тууралуу айтып жатышат, ага ушул визиттин учурунда кол коюлат. Бирок мындан да маанилүүсү - иштерди оңдоо үчүн биргелешкен жана айтылбаган макулдашуу бар экендиги.

Айткандай эле Түркмөнстандын элчиси Бакуга март айында кайтып барды. Бир нече жыл мурда Ашхабад элчисин чакыртып алышына Каспийдеги кээ бир мунай кендеринин кимге таандык экендигине байланыштуу эки ортодо тутанган чатак өбөлгө берген эле. Эми ушул талаштуу маселе да азыркы визит учурунда көңүл сыртында калбайт. Түркмөнстандык мурдагы дипломат, учурда Германияда жашаган Чары Ишаниязовдун пикиринде, Каспий кендерине байланышкан талашты чечүүгө мезгил жетти:

-Сөз аз эле өлчөмдөгү акча жөнүндө жүрүп жатпаганын түшүнөсүз да. Мунай кендери болгондуктан бул жерде миллиарддаган доллар жөнүндө жүрүп жатат. Эгер биз бул маселени азыр чече албасак, эртең мындан да кыйын болот.

Айтор мунай менен газдын дүйнөлүк баасынын асмандашы Түркмөнстан менен Азербайжандын өнөктөштүгүнө экономикалык стимул жаратып жаткандай. Мында Түркмөнстан үчүн чоң көйгөй ал байланышкан экспорттук куурлардын аз экендиги. Түркмөн газын сыртка алып чыгып жаткан куурдун көбү Орусиянын "Газпром" компаниясына таандык. Бирок Ашхабаддын дарегине айтылып жаткан башка долбоорлор, сунуштар да жок эмес. Бакудагы бул жолку сүйлөшүүлөрдө Азербайжан менен Түркмөнстандын Набукко жана Транскаспий газ куур долбоорлоруна катышуусу талкууланары күтүлүүдө.

Набукко долбоору Каспийдин жана Жакынкы Чыгыштын газын Түркия аркылуу Балканга, андан ары Европага чыгарууну каалайт. Ал эми түркмөн газын ошол куурга жеткирип, батышты көздөй агызуу үчүн андан түздөн –түз Азербайжанды көздөй Каспий аркылуу газ куурун төшөө талап кылынат. Еврошаркет колдогон бул Транскаспий газ кууру жөнүндөгү идея мындан он жыл мурда эле көтөрүлгөн, бирок азырынча ишке аша элек.

Мурдагы советтик өлкөлөрдүн мунай өндүрүшү боюнча маалыматтарды жарыялаган "Newsbase" басылмасынын консультанты Женнифер ДиЛейдин айтымында, Еврошаркет бул долбоорду экономикалыктан башка жүйөөлөрдөн улам да колдоодо:

-Еврошаркет соңку кезде Орусиянын газына ашыкча көз карандылыктан тынчызданууда жана 2006-2007-жылы орун алган айрым үзгүлтүктөр мындай кооптонууларды күчөттү. Андыктан азыр Брюсселде камсыздоонун булактарын диверсификациялап, ким болбосун жалгыз камсыздоочуга, өзгөчө Орусияга көз карандылыкты азайтуунун жолдорун издеп жатышат. Набукко жана башка долбоорлор Каспийдин газына жетүүнү сунуш кылат жана диверсификация жөнүндөгү ошол максатты орундатуунун ыкмасы катары каралууда.

Түркмөнстан Еврошаркетке келерки жылы 10 миллиард кубометр газ берүүнү убада кылган. бирок Транскаспий газ кууру келечекте Набукко кууруна кошулган шартта, Европаны көздөй газ экспортун кыйлага көбөйтмөк.

ТАЖИКСТАН: ЭМОМАЛИ РАХМОНДУН КАЙНИСИ ЖОГОЛУУДА

Аида Касымалиева, Прага Тажикстандын белгилүү бизнесмени жана президент Эмомали Рахмондун кайниси Хасан Садуллаев эки жумадан бери ың-жыңсыз жоголду. Азыр Тажикстанда --> http://rfe.azattyk.org/rubrics/politics/ky/2008/05/2A995773-6908-494D-898E-91BCB0AE5A6B.asp өлкөнүн эң кудуреттүү үйбүлөсүнүн ичинде бийлик үчүн кармашуу жүрүп, бизнесмен Хасан Сайдуллаев ошонун негизинде өлтүрүлгөн деген имиш-имиштер ырбап турган чак.

Тажикстанда эң мансаптуу жана эң бай деп эсептелеген Хасан Садуллаевди акыркы жолу 2-майда көрүшкөн. Тажик мамлекеттик сыналгысы президент Эмомали Рахмон Яван районунун тургундары менен жолугуп жатканда Хасан Садуллаев аны коштоп жүргөнүн көрсөткөн.

Эмомали Рахмондун чоң уулу жана жоголгон бизнесмендин бөлөсү Рустам Садуллаевди 2-май күнү атып өлтүргөн деген имиштер бир гана эл ичинде эмес, регионалдык Фергана.ру, Ариана.ру өңдүү интернет сайттарында да пайда болду.

Интернет баракчаларындагы маалыматка жараша Эмомали Рахмондун үйбүлөсүндө “Ориенбанкты” контролдоо боюнча ич ара келипешстиктер пайда болгон. Президенттин үйбүлөсү Садуллаевдин күчөп бараткан амбициялары да чочуткан. Аталган себептерден улам президенттин уулу таякесин атып салган деген ушак-айыңдар тароодо.

40 жаштагы Садуллаев «Ориенбанкты» контролдочу. Тажиктандын эң ири каржы институттарынын катарында турган бул банктын активи 47 миллион АКШ долларына барабар. Банк жогологон бизнесмендин килейген империясынын негизги бөлүгү болчу.

Тажикстандык расмий маалымат каражаттары Садуллаевдин жоголушу боюнча унчугушпайт. Президенттин кеңсесинен да бул боюнча билдирүү жасалган жок. Регионалдык Узметроном интернет сайты кабарлагандай, президент Эмомали Рахмон массалык маалымат каражаттарын Садуллаев жөнүндө жазууга каттуу тыюу салган деген имиштер да жолугат.

Садуллаев Рахмонду анын расмий сапарларында ар дайым коштоп жүрчү. Үстүбүздөгү жумада Рахмон Казакстанга барганда Садуллаев көрүнгөн жок.

Ал эми Рахмон болсо, 9-май Жеңиш күнүнө арналган аксер парадына катышкан жок. Президент болгондон бери мындай парадды бир да калтырбаган Эмомали Рахмондун бул ирээт чыкпай калышы абдан кызыктуу көрүнүш.

Рахмондун да Садуллаевдин да элге көрүнбөй жатышы өлкөнүн биринчи үйбүлөсүндө бирдеме болду деген ушак-айыңдарды ого бетер күчөтүп жатат.

“Ориенбанктын” расмий өкүлдөрү Садуллаевге байланыштуу сөздөрдү “базардагы аялдардын ушагы” деп баалашууда.

Банктын кеминде эки адамы “Азаттыктын” кабарчысына “Садуллаевди бир-эки саат эле мурун” көрдүк деп айтышты.

Садулллаведин жардамчысы Умед Давлатзада анын тирүү экендигин ырастап, бирок ишкер бул ушак-айыңдар боюнча интервью бергиси келбегендигин билдирди.

-Чынында бул чыр-чатак чыгаргысы келген адамдардын кутуму. Кудайга шүгүр, анын денсоолугу жакшы, ал иштеп жатат, баары жакшы.

Бирок Тажикстанда күндөн-күнгө күчөп жаткан ушак-айыңдарды Садуллаев эмне себептен өзү төгүндөбөйт? Сыналгыдан бир көрүнүп койсо эле жетиштүү болмок, дешет серепчилер.

Садуллаевдин эжеси Азизамох - президент Эмомали Рахмондун жубайы. Бизнесмен өз байлыгын 1990-жылдын акырынан тарта көбөйтө баштаган. Айрым маалыматтар боюнча, Тажикстандагы пахта заводдор, бир нече фабрика, тамак-аш технологиялары боюнча компаниялар - кеминде 13 ишкана ага тийиштүү. Анын кыймылсыз мүлк, камсыздандыруу жана банк тармактарында да бизнестери бар.

Акыркы жыл ичи Садуллаев менен президент Рахмондун 9 баласы “Ориенбанкты” жана башка өнөр жай ишканаларын башкаруу үчүн катуу күрөшүп жатышкандыгын бир нече массалык маалымат каражаттары чагылдырышкан.

Тажик тилдүү жана Рахмондун сынчысы Дадажан Атуллага тийиштүү “Чарохи Руз” көз карандысыз гезити президенттин кызы Тахмина менен Садуллаевдин ортосундагы араздашуулар күчөп бараткандыгын кабарлаган.

АНЖИЯН КЫРГЫНЫ (Сүрөт баян)

2005-жылы 12-майда түн ичинде Өзбекстандын Анжиян шаарында куралданган адамдар шаардагы аскердик гарнизонго жана түрмөгө кол салып, андагы отургандарды бошотуп, куралдарды тартып алышкан. Кийинки күнү шаардагы чоң аянтта миңдеген адам жыйналган демонстрация башталган.



Өзбек бийлиги аларга каршы танктар менен аскерлерди жиберип, демонстрацияны куралдуу күч менен баскан. 13-майда өкмөттүк аскерлер нааразылык акциясына чыккан адамдарга эскертүүсүз ок атып, жүздөгөн адамдарды, анын ичинде көп аялдар жана балдарды өлтүрүшкөн. Каршылык акциясына чыккандардын көбү түрмөдөгү козголоңду колдобой эле, өкмөттү сындап турмуш-шартты жакшыртууну талап кылышкан.



Укук коргоочулардын эсебинде Анжиян окуяларынын маалында шаардагы аянтка келген карапайым элдин ичинен бери дегенде миң адам кырылган. Бирок өзбек бийлиги өлгөндөрдүн санын 200 дөн ашырбай, жоготуулар негизинен козголоң чыгарган диний экстремисттер менен өкмөттүк аскерлердин арасында болгон деген маалыматты бетке кармап келатат.



Анжияндын айрым жашоочуларынын айтымында, бийликтегилер өлгөн карапайым жарандардын денелерин кан төгүлгөн жерден алып чыгып, өлгөндөрдүн чыныгы санын жашырып коюшкан. Кагылышуудан кийин кээ бир үйбүлөлөр туугандарын таппай, алардын өлкөдөн чыгып кеткенин жана камалганын, же өлүү-тирүүсүн билбей көп айлар бою издешкен.





Жүздөгөн өзбек жарандары Анжияндан коңшулаш Кыргызстанга качып барышкан. БУУнун качкындар боюнча башкы комиссары аларга качкын макамын ыйгарып, Кыргызстандан үчүнчү өлкөлөргө чыгарып кеткен.





БАТЫШ ГЕОCАЯСИЙ КЫЗЫКЧЫЛЫКТАРЫ ҮЧҮН АНЖИЯН КООГАЛАҢЫН УНУТТУБУ?

Аида Касымалиева, Прага Бүгүн 13-майда Өзбекстандын Анжиян шаарындагы кандуу окуяларга туптуура үч жыл толот. Үч жыл илгери болгон бул окуяда өзбек өкмөтүнө каршы чыккан 187 киши окко учкандыгы расмий маалымдалып келатат. Байкоочулар адатта өкмөттүн мындай кадамдарын каттуу сындаган Батыш сонку мезгилде эмнегедир расмий Ташкентке жумшак мамиле жасап жатканын белгилешет. Геосаясий кызыкчылыктары үчүн Батыш Анжиян коогалаңын --> http://rfe.azattyk.org/rubrics/politics/ky/2005/05/83BAE26B-B26E-4C73-891E-E85E40E98436.asp унуттубу?

2005-жыл. 13-май. Анжиянда бир нече миң адам өкмөткө каршы наарзылык акциясына чыгып, аларга карата ок жаадырылган. Өзбекстандын расмий бийлиги 187 адамдын курман болгонун, алардын көбү жоокерлер экенин ырасташса, укук коргоочулар менен акциянын катышуучулары кеминде 700 адамдын атып өлтүрүлгөндүгүн кабарлашкан.

Үч жылдан бери Өзбекстандын президенти Ислам Каримов Анжияндагы окуяны аймакта Ислам халифатын түзгүсү келген “Акрамия” деп аталган топтун жолдоочулары уюштурган деген өңүттөн көрсөтүп келет.

Өзбек мамлекеттик сыналгысы Анжияндагы калабаны уюштурууга катышкан деп камалган бир нече адамдын сотун элге көрсөткөн. Алар күнөөсүн өз мойнуна алышкан.

Укук когоо уюмдарынын пикиринде бийлик буга камалган адамдардын коркутуп-үркүтүү аркылуу жетишкен.

Анжияндагы тополоңго катышкандардын арасында буга чейин түрмөгө чабуул жасап, бир нече кишини барымтага алган куралчан адамдар бар болчу. Бирок Анжиян коогалаңынын күбөлөрү нааразылык жүрүшүнө чыккандардын негизин экономикалык жактан кыйналган карапайым адамдар түзүшкөндүгүн белгилешет.

Шухрат - Анжияндын жанында жайгашкан айылдан. Анын айтымында, элди акцияга түртүп чыгарган негизги себептер - жакырчылык менен жумушсуздук эле.

-Баланча бүгүн нан жеп атыптыр деген сөздөр болоор эле кыштактарда. Ошондой маселелер бар. Ишенбесеңер ал адамдарды көрсөтө аламын. Ак нан жеш биз үчүн авторитет. Чындыкты айтып жатам. Аппак ундан нан жеген үйбүлөнү баары кеп кылышат. Демек ал чириген бай.

Укук коргоочулардын байкашынча, эл аралык коомчулук Анжиян окуясын унутуп, Батыш энергетикалык коопсуздукка көбүрөөк маани берүүдө.

“Эл аралык мунапыс” уюмунун Борбор Азиядагы изилдөөчүсү Мейси Уэйчердинг мындай дейт:

-Апрель айынын аягында Евробиримдиктин тышкы иштер министрлери Өзбекстанга каршы санкциялар боюнча масилет курушкан. Биз анын жыйынтыктоочу документин окуп чыгып, Анжиян тууралуу бир да сөз тапкан жокпуз.

АКШ менен Евробиримдик Анжиян окуясын көз карандысыз иликтөөгө алууга чакырганы менен, бул ишке ашпай калган.

Анжиян трагедиясынан кийин Евробиримдик Каримовдун өкмөтүнө каршы бир катар санкцияларды киргизген. Анын ичинде курал эмбаргосу кабыл алынып, 12 жогорку даражадагы кызматкерлерге виза бербөө чечими чыккан. Бирок виза алууга уруксаты жок өзбек аткаминерлеринин тизмесинен төртөө азыр ал уруксатты кайра алышты. Быйыл апрель айында виза бербөө чечими 6 айга узартылган.

Кошмо Штаттар да Анжиян коогалаңы үчүн Өзбекстанды каттуу сындаган. Ага жооп кайтарып Ташкент дароо Өзбекстандын түштүгүндө жайгашкан Карши-Ханабад аскер базасынан америкалык жоокерлерди айдап чыккан.

Бирок акыркы убакта Ташкент Батышка жумшагыраак мамиле жасай баштады. Өткөн жылы Ташкентте бир нече чет элдик делегациялар болуп кайтышты. Президент Каримовдун өткөн жылкы сүйлөгөн сөзүнөн ал Батыш менен кайра жакын алакада болууга даяр экенин аңдаса болот.

Каримовдун сөзүндөгү мындай жылуу ноталардан көп өтпөй Өзбекстандын түштүгүндө жайгашкан Термез шаарындагы өзбек согуштук объектилеринде НАТО күчтөрү пайда болду.

Регионалдык серепчилердин баамында, Евробиримдик да энергетика, газ маселелеринен улам Ташкентке каршы катуу чараларды көрө албай жатат.

БОРБОР АЗИЯ АПТА ИЧИНДЕ

-Түркмөнстанда ушул аптадагы Жеңиш күнүн утурлай 900 адамга мунапыс берилди, бирок арасында бул ирээт да саясий айыпкерлер болгон жок.

-Казакстанда президенттин мурдагы күйөө баласы Рахат Алиевдин дүйнө- мүлкү конфискацияланганы жарыяланды. Конфискацияланган мүлктүн арасында беш учак, үч тик учма да бар.

-Өзбекстанда өлкөнүн ири облустарынын бири – Самарканддын мурдагы акими камакка алынды. Ага башка иштери менен катар бейрасмий кабарларга караганда, эл аралык террордук уюмду каржылоого катышы бар деген айып да тагылууда.

-Тажикстанда эки айга созулган иш-чаралардын соңунда 13 миңге жакын ДВД диск өрттөлдү. Расмий маалымат боюнча алардын көбү - диний мазмуундагы видеоматериалдар.

АДИЛ ТОЙГОНБАЕВ КЫРГЫЗСТАНДА КЫЛМЫШКЕР ЭКЕНИН БИЛБЕЙТ

Элеонора Бейшенбек кызы, Прага Кыргызстандын мурунку президенти Аскар Акаевдин улуу күйөө баласы Адил Тойгонбаев --> http://www.azattyk.org/rubrics/economics/ky/2006/01/5042518F-ED18-4378-BF5E-B58E285C519A.asp өзүнө каршы Кыргызстанда кылмыш иши козголгону тууралуу маалыматы жок. Бул тууралуу Тойгонбаев 1-майда Алматыда “Кыялдар технологиясы” деген китебинин бет ачаар жөрөлгөсүн өткөрүп жатып билдирди.

Казак коомчулугу Адил Тойгонбаевди Аскар Акаевдин улуу кызы Берметтин күйөөсү деп угуп жүрүшкөнү болбосо, ал анча деле таанымал эмес. Акаев бийликтен кетип, азыркы кыргыз өкмөтү анын жакындарына каршы кылмыш ишин козгогон. Алардын катарында Адил Тойгонбаев да бар.

“Кыялдардын технологиясы” деген китебин коомчулукка жарыялап жатып Тойгонбаев бул эмгегин атуулдук коомдун өнүгүшүнө кошкон салым деп баалады:

- Окурмандардын колунан түшпөгөн китепке айланабы же жокпу - аны окугандар баалар.

Тойгонбаев Кыргызстанда ага кандай айыптар тагылып жатканы тууралуу кабардар эместигин, алтүгүл атайын адвокаттарын жөнөтүп да маалымат алалбаганын айтты:

- Кылмыш иштери тууралуу эч нерсе айта албайм. Анткени бул мен үчүн да түшүнүксүз. Кыргыз бийликтери мага жооп деле беришкен жок.

Кыргызстандык саясий талдоочу, Башкы прокуратуранын мурунку маалымат катчысы Токтогул Какчакеев Азимбек Бекназаров менен Камбараалы Конгонтиев баш прокурор болуп турганда эле иш козголуп, эбак эле тергелип бүткөнүн айтат:

- Адил Тойгонбаевди кармаш үчүн эл аралык издөө жарыяланып, буйрук да чыккан. Казак мамлекетине Тойгонбаевди кылмыш кылгандыгы үчүн Кыргызстанга жибергиле деген кайрылуу болгон. Бирок тышкы иштер министринин орун басары казак Конституциясынын негизинде казак жаранын бөлөк мамлекетке берүүгө уруксат жок деп жооп кайтарган.

Токтогул Какчакеев мындай учурда кылмышкерди өз өлкөсүндө жоопко тартуу мүмкүнчүлүгү бар экенин, бирок кыргыз бийлиги бул учурдан пайдаланбай жатканын белгилейт:

- КМШ мамлекеттеринин Парламенттер аралык ассамблеясынын чечими боюнча биз ишти тергеп бүтүп, бирок кылмышкерди бербей жатса, анда ошол мамлекетке козголгон ишти жөнөтүшүбүз керек. Ал мамлекет өзүнүн мыйзамы менен өз жеринде аны жоопко тартып, болгон карызын төлөтүп берүүгө жол ачылган. Бирок, тилекке каршы, биз Азия мамлекеттеринде жашап жаткандыктан, өлкөлөрдүн бийлиги бири-бирине жардам берип, колдоп тургандыгы белгилүү. Бүгүнкү күндө Тойгонбаев китеп чыгарып, алтүгүл сценарий жазып, кино тартса да болот. Бирок кыргыз мамлекетин өксүтүп, анын байлыгына шек келтирип, алты миллион, кийин сегиз миллион деген дооматты Кыргызстандын баш прокурору маалында президентке бул тууралуу маалымат берген.

Адил Тойгонбаев болсо бул маалыматтарды билбей тургандыгын кайталап отурат. Тойгонбаев казак оппозициясын сыйлаарын, өзүн да кайсы бир мерчемде алардын катарына кошоорун билдирди. Казак оппозиция лидерлеринин бири Амиржан Косанов, эгерде Тойгонбаевге каршы кылмыш иштери такталбаса, анда ал казак атуулу катары колдоого алынышы керек деген пикирди карманып турат:

- Тойгонбаев чоң моралдык тазаруудан өтүшү керек. Эгерде ага жөнү жок айыптар тагылып жаткан болсо, биз андай азаматтарды колдошубуз керек. Анткени ал деле казак элинин кулуну. Эгер жанагындай фактылар чынында орун алган болсо, анда, арийне жөнү башка.

Сүрөт delo.to.kg интернет баракчасынан алынды.

ТАЖИКСТАН: ЛОНДОНДОГУ КУНУ КЫМБАТ СОТ ИШИНЕН ӨКМӨТ ЭМНЕ УТАТ?

Лондондун жогорку сотунда Тажикстандын --> http://www.azattyk.org/rubrics/human_rights/ky/2008/04/8B71CA2C-C2E0-42F6-9BEB-85E5A8A511EB.asp алюминий заводу өкмөттүн колдоосу астында өзүнүн мурдагы өнөктөшү – Ansol компаниясы менен соттошуп жатат. Процесс азыр бүтө элек, бирок анын натыйжасы кандай болгон күндө да тажик өкмөтү британдык адвокаттарга 85 миллион фунт зайыр акы төлөп берүүгө тийиш. Бул сумма өлкөдө былтыркы жылы өндүрүлгөн ички дүң продукциянын дээрлик беш процентине барабар.

Тажикстандын алюминий заводун – азыр аны Talco дешет – өндүрүш үчүн керектүү чийки зат менен 2005-жылга чейин Ansol фирмасы жабдып турган. Ansolго учурунда өкмөттүн чиновниктери жарнакчы болгон дешет. Кийин фирманы ошо кезде ооматы жүрө баштаган тажик бизнесмени Аваз Назаров сатып салып, британиялык Ashton Invesments консалтинг фирмасынын көмөгү менен аны Норманд аралдарында каттатканга жетишет.

Тажик өкмөтү аталган фирмаларды жана Назаровду Talcoнун кирешесинен дээрлик жарым миллиард доллар каражатты кымтып алган деп айыптап, эки жылдай илгери сотко берген. Жоопкер тараптар бул айыпты четке кагып, тосмо доо менен чыгышкан. Алардын таламын сотто коргоо милдетин Британиядагы адвокаттардын Clyde&Co кеңсеси өзүнө алып, кызмат акысын 23 миллион фунт өлчөмүндө баалаган. Тажик өкмөтүн болсо британиялык адвокаттардын тажрыйбалуу фирмасы – Herbert Smith кеңсеси коргойт. Аталган кеңсеге өкмөт процесс бүткөн соң 50 миллион фунт төлөп бериши керек.

Тажикстандык юрист, көз карандысыз эксперт Шакиржон Хакимов бул ишти эл аралык соттордо эч кимден кем калбай коргоп бергенге жараган адвокаттар өлкөнүн өзүндө деле бар экенин белгиледи. “Бирок өкмөт эмнегедир британдык юристтерди тандап алды. Алар болсо өз кызматына арзан акы сурабай турганы айдан ачык иш”,-дейт ал.

Talcoго байланышкан иште россиялык белгилүү олигарх Олег Дерипасканын “Русал” алюминий компаниясы, норвегиялык Norck Hydro фирмасы да бар. “Русал” мурда тажик өкмөтүнүн доосун кубаттап келген эле. Бирок тажик өкмөтү менен мамилеси бузулуп, Talco ошондон соң Ansolго кошо “Русалды” да сотко берген.

Бул талашка тажик өкмөтү көп күчүн сарптады. Жүз миңдей документ орусчадан англис тилине которулду, Швейцариядан, Швециядан жана Англиядан огеле көп юристтер, эсеп-кысап иштери боюнча эксперттер жалданып алынды. Учугу бир нече континентке чейин чубалжып, абдан чаташып кеткен талаштын түйүнүн жандырганы алардын баары баш көтөрбөй, күндөп-түндөп көжөлө иштешти. Бирок талашты сотто утуп алган күндө да жалпы доодо көрсөтүлгөн сумманын теңинен ашыгы процесстин чыгымын жапканга сарпталат. А кокус утулуп калса, тажик өкмөтү өз адвокаттарына эле эмес, жоопкер тарапты коргогон кеңсеге да акы төлөп берет. Эмнеге дегенде Британияда сот ишинин бардык чыгымдарын утулган тарап көтөрөт деген айныгыс эреже бар. Андай болсо казынасы какшып турган тажик өкмөтүнө куну кымбат бул араздын канчалык зарылдыгы бар эле?

Лондондогу Жогорку соттун бир судясы алыскы Борборазияда катталган ишкана менен Англияда жашабаган чет элдик жарандар ортосундагы экономикалык талаш эмне үчүн британ сотуна берилгенине таң калганын жашырган жок. Тажик жарандары буга андан кем таң калбайт болуу керек, деп жазат бул темага атайын макала арнаган The Financial Times.

Сүрөт hydroaluminium.ru интернет баракчасынан алынды.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG