Линктер

шейшемби, 23-июль, 2019 Бишкек убактысы 08:49

Борбор Азия

Т.Мамашев: Көлдө туристтердин саны былтыркыдан кем болбойт

Маектешкен Мээрим Султангазы, Бишкек Быйылкы туристтик сезон кандай болуп жатат? Бул жаатта Туризм боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Турусбек Мамашев "Азаттыктын" айрым суроолоруна жооп берди.

- Быйыл көл жээгиндеги эс алуучу жайларга талаптар катуу коюлду эле. Учурда канча пансионат иш алып барууда, канчасы жабылды?

- Быйыл чындыгында президентибиздин тапшырмасы боюнча жана вице-премьер-министр Элмира Ибраимованын жетекчилиги менен ар бир ведомстволордон атайын комиссия түзүп, Ысык-Көлгө эки жолу барып келдик. Ажатканалары жок, санитардык нормаларга жооп бербеген пансионаттарды ишке киргизбөөгө жана уруксат бербөөгө жергиликтүү бийликтен суранып келгенбиз. Жакшынакай жоопкерчилик менен иштесе оңолот экен. Биздин койгон талаптардын бардыгын быйылкы жылы бардык пансионаттар толугу менен аткарды.

- Жалпы жонунан канча эс алуучу жай иш алып барууда?

- 184 пансионат.

- Эс алуу жайларына чет өлкөдөгүдөй жылдыздар да берилээри кабарланды эле. Бул маселе кандай чечилди?

- Быйылкы сезон учурунда борбордон бардык маданий, спорттук программалар, улуттук оюндар Ысык-Көл жергесине, туристтер эс алган жерлерге уюштуруу талап кылынган. Жакында, башкача айтканда алтынчы күнү улуттук оюндарды бизге келген конокторго тартуулап, бет ачарын өткөрүп келдик. Ар бир жумада ушундай оюн-зоок программалар өткөрүлүп турмакчы. Мен маданият министри Султан Раев менен сүйлөштүм. Болгон маданий программалардын бардыгын Ысык-Көлдө өткөрүүгө аракет жасап жатабыз.

- Турусбек мырза, жылдыздар берилдиби эс алуучу жайларга?

- Азырынча жылдыздар бериле элек. Комиссия учурда иштеп жатат. Кудай буюрса бул иштин аягына чыгабыз.

- Өткөндө бир маегибизде ажаткана маселеси чечилет деп билдирдиңиз эле, маселе чечилдиби?

- Кудайга шүгүр азыр түзүк. Комиссия барып келгенден кийин ар бир эс алуу жайларында стационардык ажатканаларды коюуну талап кылдык эле. Ал азыр чечиле баштады.

- Көлдө эс алууга баалар 80 пайызга чейин жогорулаганы айтылууда. Мындай жагдай азык-түлүктүн кымбатташына байланыштуу болуп жатабы же башка бир себептер барбы? Август айларында да баалар дагы көтөрүлүшү мүмкүнбү?

- 80 пайыз эмес 20дан 30 пайызга чейин кымбаттады. Быйыл чындыгында азык-түлүктөрдүн кымбаттаганына байланыштуу анча-мынча баалар көтөрүлдү. Чындыгында азыр өлкөбүздө инфляция болуп жатпайбы. Жыл сайын эле өзгөрүүлөр болуп калбадыбы. Бирок, негизинен көлдө ар кандай талапка байланыштуу эс ала турган шарттардын бардыгы бар. Мисалы, 200 сомдон тарта 3000 сомго чейин бар.

- Быйыл туристтердин саны канча болоору күтүлүүдө?

- Божомолдорду алдын ала айтыш кыйын. Бирок былтыркыдан кем болбойт болушу керек. Кудайга шүгүр, бүгүнкү күнгө карата туристтердин келиши түзүк эле.

- Маегиңизге ырахмат.

ТАЖИКСТАНДА НААРАЗЫЛЫК КҮЧӨДҮ

Тажикстанда соңку айларда өлкөдөгү жумушсуздукка, коррупцияга, электр жарыгы менен газдын таңкыстыгына ичи чыкпаган жергиликтүү тургундардын бир нече нааразылык акциялары өттү. Ошол эле учурда көз карандысыз гезиттер да өлкө жетекчилигин барган сайын катуу сындашууда. Калк да, маалымат каражаттары да бийликтин репрессиясынан чоочулап келген Тажикстан үчүн бул - адаттан тыш көрүнүш. Бирок адамдар азыр жогото турган эч нерсеси жок экенин айтышууда.

Быйыл апрель айында президент Эмомали Рахмондун таасирлүү жана банкты башкарган кайниси Хасан Садуллоев белгисиз жагдайда дайынсыз жоголуп, мунун арты ал киши колдуу болгон деген ушак-айыңдар менен коштолгон. Жергиликтүү маалымат каражаттарынын бул окуяны кеңири чагылдырышы тажиктердин көбү таңкалдырган. Мындай темалар, дегеле президентти, анын саясатын, үй-бүлөсүн сындоо буга чейин тажик журналисттеринин көбү үчүн табу эле. Ал эми эрдик кылып, эрежеден чыгып кеткендер же токмок жечи, же жумуштан айдалчы, же гезити жабылып калчу.

Ушул сыяктуу эле карапайым тажикстандыктар да президент Эмомали Рахмондун өкмөтүнө каршы нааразылыгын ачык айтып чыкчу эмес. Өлкөдө кеңири жайылган жакырчылыкка, жумушсуздукка, коррупцияга карабай Тажикстанда акыркы он жылда кандайдыр бир ири нааразылык акциялар дээрлик орун албады.

Байкоочулардын баамында, тажиктердин мындайды көп каалабаганынын жүйөөсү бир жагынан түшүнүктүү. 1990-жылдардын башында саясий системаны өзгөртүүгө багытталган көчө демонстрацияларынын арты беш жылга созулган жарандык согушка алып келгени белгилүү. Ушундан улам президент Рахмон кандай жөрөлгө киргизгенине карабай, тажиктер ага каршы чыгуудан сак болуп келген.

Чынында эле бул эреже бир нече жылга жарады. Жарандык согуштан кийин президенттик же парламенттик шайлоо болобу, Эмомали Рахмон адилетсиз жол менен жеңип алып жатты. Ал эми өлкөдөгү кирешелүү тармактардын биринен соң, экинчиси анын туугандары менен досторунун колуна өттү. Ошол эле учурда калктын алтыдан бир бөлүгү же эсептөөлөр боюнча бир миллиондой тажикстандык үй-бүлөсүн багуу үчүн Орусияда иштөөгө аргасыз.

Эми азык-түлүктүн баасы асмандап, былтыркы эң ызгаардуу кышта электр энергиясынын тартыштыгынан улам бир нече адам тоңуп өлгөндөн кийин тажикстандыктардын бийликке мамилеси өзгөрө баштагандай.

Рахматулло Валиев - Тажикстандын Демократиялык партиясынын төрага орун басары. Ал "Азаттык жана Эркин Европа" радиосунун кабарчысы менен маегинде белгилегендей, тажикстандыктар мындан ары көчөгө чыгуу аркылуу эч нерсени жоготпой турганын жакшы эле аңдап-билип калышты:

- Адамдар бул кырдаалдан чарчады. Жалпы таасир - өкмөт алар үчүн бир нерсе жасоого жөндөмсүз. Адамдар көчөгө өз укуктарын талап кылуу үчүн чыгууда. Жакшыраак жашоону, дурусураак маянаны жана башка ушул сыяктуу нерселерди кааларын айтып жатат.

Айткандай эле акыркы айларда башкаала Дүйшөмбү, Куляб, Хорогдо жана башка шаарларда бир нече митингдер өттү. Адамдар бул үчүн ар кандай жүйөөнү негиз кылууда. "Пара бермейинче мамлекеттик мекемелерден эч бир маселени чече албайсың, жада калса мөөр койдура албайсың" ,- дейт Бадахшандын 22 жаштагы Сафар ысымдуу тургуну:

- Биздин коомду коорупция кыйноодо. Адамдар көптөгөн социалдык көйгөйлөргө кептелүүдө. Эми корко турган эч нерсе жок. Адамдар өз укугун мыйзамдуу жолдор менен талап кылышы керек. Бул -биз үчүн кырдаалдан чыгуунун жалгыз жолу.

Москвада сүргүндө жашаган тажик журналисти Додожон Атавуллонун пикиринде, Тажикстан азыр саясий өзгөрүүлөр үчүн бышып, жетилди. Өзгөчө жаш муун дурусураак жашоого, жакшыраак мүмкүнчүлүктөргө умтулууда.

Көз карандысыз журналисттин оюна тажикстандыктардын көбү кошулчудай. Алардын көз карашында, президент Рахмондун өкмөтү элге жаңы мүмкүнчүлүк тартуулоого жарамдуу экенин көргөзө алган жок. Андыктан алардын колунан келе турган акыркы нерсе - бийликтен кетүү. Элге өзгөрүү тартуулоого жөндөмдүү, жашоону оңдой алатурган лидерлерди тандоосуна мүмкүндүк берүү.

О.СУЛЕЙМАНОВ: АСТАНАНЫН АВТОРУ – НАЗАРБАЕВ

Амирбек Усманов, Прага Казакстандын саясый байтагы Алматыдан Астанага көчкөнүнүн 10 жылдыгы чоң шаан-шөкөттөр менен белгиленди. Салтанатка чет мамлекеттердин башчылары да катышты. Президент Нурсулатан Назарбаевдин айтышынча, мурдакы Акмоло шаарынын кыска мөөнөттө адеми ордо калаага айлануусу- Казакстандын күнкорсуз мамлекет катары калыптануусундагы чоң бир жышаананы чагылдырат.

«Ар бир мамлекеттин өз символу болот. Аны эстегенде жарандардын жүрөгү ылдам сого баштайт жана сыймыктануу сезими пайда болот. Биз үчүн Астана ушундай символ», деди Нурсултан Назарбаев 5- июлда Президент сарайындагы салтанатта сүйлөп.

Казакстандын мамлекет катары түптөлүүсүндөгү Астананын саясый маанисин даңазалоо үчүн 6-июль улуттук майрам деп жарыяланды. Салтантка сырт өлкөлөрдөн көптөгөн мартабалуу коноктор келди.

Астананын 10 жылдык мааракесин утурлай шаардын эн белгиси жаңыланды. Шаардын ортосундагы Байтерек мунарасы жана боз үйдүн түндүгү түшүрүлгөн гербди, кабарларга караганда, Назарбаев өзү ойлоп тапкан.

Бир тутам буудай жана сепилдин сүрөтү бар эски герб- мурдакы Россия оторчулугун эске салгандыктан алмаштырылды, дейт Астананын мэри Имангали Тасмагамбетов.

6-июлда Назарбаев ак мармардан жасалган «Казак эли» монументи ачты. Учуна алтын бүркүт кондурулган 91 метрлик мамы Казакстан Москвадан күнкорсуздук алган жылды билдирет. 6- июлда Назарбаев да 68 жашка толду. Ушундан улам Назарбаев Астананын маарекесине жамынып, туулган күнүн чоң шаан- шөкөттөр менен өткөрдү деп сындагандар да болду.

Кыска аралыкта мурдакы провинциалдык шаардын архитектурасы кооз, заманбап борборго айланганы маарекеге келген коноктор да суктана белгилешти. Россиянын президенти Дмитрий Медведев «Нурсултан Назарбаевдин Астанага эмгегин гана сарптабастан, өз жүрөгүн да бергенин» айтса, Азербайжандан келген илимпоз- архитектор Эмил Ахундов: «Улуу адамдын тобокелдүү кадамы чоң дөөлөттү жаратканын мен ушул жерде түшүндүм», дейт «Азаттыктын» кабарчысы Данабек Жалмырзага берген интервьюда.

Астанадагы өкмөттүку жана маданий имараттарды курууга белгилүү чет элдик архитекторлор да тартылган. Жаңы борборду курууга канча акча жумшалганы жөнүндө так маалымат жок. Бирок, Назарбаев үстүбүздөгү жылы бир ирет ордо калааны курууга 8 миллиард доллар сарпталганын, анын 70 процентин жеке инвесторлор салганын айткан. Былтыр Назарбаев 12 миллиард долларга кеткенин айткан болчу.

Атактуу казак акыны Олжас Сулейманов Казакстанды дүйнөгө тааныткан жаңы борбордун автору- президент Назарбаев деп санайт:

- Борборубуз бүткүл ааламга элибизди таанытып, улут рухунун символу болууда. Мындай шаар, мындай калаа ыр сыяктуу жазылат. Ар бир журттун, ар бир үлкөн китептин авторлору бар. Бул калаанын да автору белгилүү.

Астананын 10 жылдык маарекесин чоң шаан- шөкөт менен өткөрүүнү казак жаз-уучусу Бексултан Нуржакеев туура чечим болду, анткени, той эл-журттун жетишкендиктерин даңазалайт деген пикирде.

- Кез келген тойго эл катышат, коноктор келет. Той бир жагынан жарнама: элиңди көрсөтөт, жериңди, маданиятыңды, канчалык өскөнүңдү, канчалык мамлекет болгонуңду көрсөтөт. Шондуктан, тойдун эч кандай зыяны болбойт. Ар бир эл той берет. Казактар тойго өзгөчө маани беришет. Бир жердин кубанычын той аркылуу көрсөтөт. Элдин, мамлекеттин, тууган жердин тойу- кубаныч го. Аны мактоо керек.

КАЗАК ӨКМӨТҮ МААЛЫМАТ МЕЙКИНДИГИНДЕ «ОЙНОЙ БАШТАДЫ»

Амирбек Усманов, Прага Казакстанда «Арна медиа» аттуу улуттук маалымат компаниясы түзүлдү. Холдинг-компания өлкөнүн «маалымат мейкиндигиндеги атаандаштыкты күчөтүү максатында түзүлдү», деп айтылат казак өкмөтүнүн 3-июлдагы жарлыгында. Жаңы холдингге негизинен өкмөттү колдогон медиа уюмдар киргендиктен, бийлик саясатына сын көз менен караган көз карандысыз маалымат булактарын чектөө күчөтүлүшү ыктымал деген кооптонууну бар.

Казак өкмөтүнүн «Арна медиа» маалымат компаниясын түзүү жөнүндөгү чечимин жергиликтүү серепчилер кооптонуу менен кабыл алышты. Алардын пикиринче өкмөтчүл жана өкмөткө ыктаган маалымат булактарынын башын бириктирген жаңы холдинг-бийликтин сөз эркиндигин көзөмөлдөөсүн күчөтөт.

Галия Аженова - «Адил сөз» деп аталган сөз эркиндигин коргоочу бейөкмөттүк корду жетектейт. Анын айтымында:

-Биз өзүбүздү демократиялуу коомдо жашайбыз десек, демократиянын бир белгиси - эркин басма сөз го. Ошондуктан биз өкмөттүн береги күдүктүү чечимине каршыбыз. Бул сыяктуу борборлоштуруу сөз эркиндигине өбөлгө болбойт. Тескерисинче, кошумча тоскоолдуктарды жаратат деп ойлойм.

Жаңы холдингге кирген Казакстан улуттук телерадио компаниясы жана «Хабар» жаңылыктар агенттиги - экөө тең өкмөттүн ээлигинде. «Хабарды» жакынга чейин президент Назарбаевдин улуу кызы Дарига жетектеген. Өлкөдөгү негизги жаңылыктар агенттигиндеги Дарига Назарбаеванын таасири али да күчтүү дешет казакстандык байкоочулар.

Ал эми «Эгемен Казакстан» (мурдакы «Социалисттик Казакстан») жана «Казакстанская Правда» эзелки советтик гезиттер. Эки басылма тең Алматыда совет кезинен калган кеңселеринде жайгашкан жана заман алмашканына карабай бийликке ык тутканын коюшкан эмес.

Холдингге өкмөттүн жетегиндеги Казак кабар агенттиги, Казактелеком, «Жаш Өркен» жана «Казак гезиттери» басмаканалары да кирет. Албетте, холдинг өкмөттүн жарлыгы менен түзүлгөндүктөн, анын башчылыгына Өнөр жай жана соода министринин орун басары сунуш кылынды.

Ошондуктан маалымат мейкиндигиндеги атаандаштыкты күчөтүү үчүн «Арна медиага» жетерлик укук берилеби? Холдингдин мүчөлөрү маалымат мейкиндигин бөлүшкүсү келеби? деген мыйзамдуу суроо туулат.

Сейдакмет Куттукадам «Казак Гезиттери» компаниясына таандык «Мысль» журналынын башкы редактору. Ал медиа-холдингди түзүүнү маалымат каражаттарын көзөмөлдөөнү көздөй жасалган дагы бир кадам деп түшүнөт:

-Холдинг ырасмий түрдө түзүлгөн болсо, маалымат каражаттарына көзөмөл жүргүзгөн Маданият жана маалымат министрлигинин кажети жок болот жана министрлик жоюлуш керек. Соңку кезде президент маалымат каражаттарынын эркиндиги кеңейтилет, плюрализация деп жаткан. Холдинг түзүү президент айткан идеяларга кайчы келип турат сыяктуу.

«ЖАШ КЕЛСЕ ИШКЕ», БИРОК МЭЭНЕТТИ АКТАГЫДАЙ ИШ БАРБЫ?

Кубат Чекиров, Прага Июль айында жайкы эс алуулар башталды, бирок Өзбекстан менен Тажикстанда көп университеттердин студенттери үчүн эс алууга дээрлик убакыт жок. Алардын бир далайы окууга төлөш үчүн жана жашоо- тиричиликке акча табуу үчүн иштеп жатыкан учур. Бирок студенттер үчүн жайкысын иш табуу да оңой эмес, иш табылса да эмгек акысы жарытпайт.

Сахибйар Дүйшөмбүдөгү Улуттук Университетте экзамендерди жаңы эле тапшырып бүттү. Бирок жайында эс алуу азыр анын оюнда жок. Орусияда курулушта иштеп жүрүшкөн бир тууган байкелерине барып кошулуп иштейин деп атат. Сохибйар кара жумуштан качпайт, бирок алыс кетпей эле Тажикстандын өзүнөн иш табылса кана дейт.

«Экзамендер бүтөрү менен Орусияга барып иш караштырам. Мен акча табышым керек. Окууга төлөшүм керек, келерки жылдын тиричилигине керек. Андан сырткары мен ата-энеме да бир аз акча беришим керек. Мага эс алганга же сабактарды кайталаганга дээрлик убакыт жок. Мен Орусиядан иш издеп көрүшүм керек, анткени Тажикстанда мага керектүү акчаны тапкыдай иш жок.”

Минтип сыртка барып иш издөө Тажикстандагы университеттердин студенттери үчүн адаттагыдай эле көрүнүш, Өзбекстан менен Кыргызстанда деле акыбал ушундай. Каруу күчкө жарагандын баарысы иш издеп Орусия менен Казакстанга кетип жатышат. Аларга кошулуп жайкы эс алуу мезгилинде студенттер да жөнөшөт. Кээ учурда сезондук жумуштарга барган студенттер кармалып, окуунун биринчи, экинчи айларын өткөрүп жиберип кечигип келишет.

Алыска кеткиси келбегендер дыйкандарга жалданып иштейт же базарга барып араба сүйрөшөт. Бирок ушундай кара жумуштун да табылыш кыйын. Анткени, тажик жигити Сохибйардын айтымында, иш орундары абдан чектелүү, араба сүйрөйүн десен да башкалардан оңой менен жол тийбейт.

Өзбекстанда бийликтегилер жаштарды социалдык жана каржылык колдоого алуу үчүн «Камолот» («Кырчын») деп аталган кыймыл түзүшкөн. «Камолот» студенттик эмгек бригадаларын уюштуруп, аларды иш менен камсыз кылууга жардам берет. Ушундай жайкы эмгек програмасы үчүн жооп берген Бекзад Мамадкуловдун Азаттыкка айтымында, бул программа өткөн жылы башталганда ага беш миң студент тартылган. Быйылкы жылы программа кеңейип, анын катарындагы студенттердин саны 20 миңге чыкты.

«Студенттик жумушчу бригадалар курулуштарга барып иштешет, мисалы алар унаа жолдорду, темир жолдорду, коллеждерди, мектептерди курушат. Саламаттык сактоо тармагында да иш табылат. Айрымдар чач тарач же өтүкчү да болуп иштеп кетишет. Биз студенттердин каалосу жана мүмкүнчүлүктөрүнө карап иш таап беребиз»,-дейт Бекзад Мамадкулов.

Мамадкуловдун айтымында, жумушчу бригадалардын мүчөлөрү айына 250 долларга чейин акча таба алышат жана күнүнө үч маал тамак менен камсыз болушат.

Ташкентте университетте окуган студент Карим Азаттыктагы маегинде жаштар бригадасына өткөн жылы киргенин, бирок «Камолот» реклама кылгандай жеңил эмес, алда канча оор жумуштар болгонун, бирок убада кылган акчаны төлөп беришпей койгон үчүн көңүлү калганын айтат.

Карим ошондой эле алар жашаган жатакананын элементардык санитардык нормаларга жооп бербегенин жана тамак-ашы да начар болгонун белгилейт.

Бирок ошого карабастан Карим жаштардын жумушчу бригадасына быйыл да кошулду, анткени баары бир акча табыш керек.

Минималдуу эмгек акынын өлчөмү болжол менен 13 долларга барабар, жумушсуздук кеңири жайылган бул өлкөдө студенттер кандай жумуш табылса да качпай барып иштегенден башка аргасы жок. Серепчилердин айтымында, коңшу Өзбекстан менен Тажикстанда коомдун башка катмары сыяктуу эле студент жаштар үчүн да ойдогудай иштеп, ойдогудай эс алганга тийштүү шарт мүмкүнчүлүктөр азырынча жок.

«ЧЕГАРАСЫЗ КАБАРЧЫЛАР»: Г. БЕРДИМУХАММЕДОВ “ИНТЕРНЕТТИН ЖАНА СӨЗ ЭРКИНДИГИНИН ДУШМАНЫ”

“Азаттыктын” түркмөн кызматына маал-маалы менен маек берип жүргөн, тарых мугалими Сазак Дурдымурадов камактан бошотулду. Анын “Түркмөн Гулагы” деген атка конгон психиатрикалык клиникага жайгаштырылышы укук коргочулардын нааразылыгын жараткан.

Дурдымурадовдун баласы Атажан атасынын бошотулганын тастыктады.

Кечээ, 4-июлда атам Бахардендеги үйүбүзгө кайтып келди. Ал туура 2 жума мурун дайынсыз жоголгон эле. Ден соолугу эң жакшы. Атам бардык укук коргоочу уюмдарга ыраазычылыгын айтат жана иштеринде ийгилик каалайт.


Тарых мугалими Дурдымурадов кээде “Азаттыкка” интервью берип, тегерек үстөл талкууларына катышчу. Аны 20-июнда үйүнөн чалгындоо органдарынын кызматкерлери кармап кетишкен.
“Азаттыкка” түшкөн маалыматка ылайык, Дурдымурадов радионун берүүлөрүнө катышпайм деген тил катка кол коюуудан баш тарткандан кийин уруп сабалып, электрошок менен кыйналган.
Анан алыскы Лебап районундагы психиатрикалык оруканага жеткирилген. Ал жерде Түркмөн режимин сындаган адамдар кармалат.

«Чегарасыз кабарчылар» жана «Журналисттерди коргоо» уюму өңдүү эларалык укук коргоо уюмдары Дурдымурадовдун кармалышын айыптап, бошотулушун талап кылышкан.

АКШнын мамлекеттик департаменти да Дурдымурадовдун ишине байланыштуу тынчсыздануусун билдирген. 28-июнда Департаменттин басма сөз өкүлү Том Кейси журналисттерди коркутуп-үркүтүү аракеттери адам укуктарына шек келтирет деп айтты.

«Эмнести Интернешнл» уюмунун 23-июнда жарык көргөн докладында түркмөн бийликтери эркин журналисттердин, анын ичинде “Азаттыктын” кабарчыларынын оозун жабуу үчүн аларды куугунтуктап жатат деп айтылат.

«Чегарасыз кабарчылар» уюмунун директор орун басары Жефф Жулиярддын айтымында, сөз эркиндигинин көрсөткүчү боюнча Түркмөнстан уюм тарабынан 169 өлкөнүнн арасынан 167-орунга жайгаштырылган.

Түркмөнстанда журналисттер, калган элдей эркин эмес. Өлкөдө адам укуктары урматталбайт. Түркмөнстан дүйнөдөгү эң жабык мамлекеттердин бири. Өз оюн эркин билдирүү, эркин чогулуу өңдүү укуктар такай бузулуп келет

Жуллиярд мындай учурлардан улам уюм түркмөн президенти Гурбангули Бердимухаммедовду “Интернеттин жана сөз эркиндигинин душманы” деген тизмеге кошкон дейт.

АСТАНАДА ОН ЖЫЛДЫК МААРАКЕ ТОЙ ӨТҮП ЖАТАТ

Казакстан жекшембиде 6-июлда Астананын борбор шаар болгонунун он жылдык мааракесин белгилейт. Астананын мааракеси президент Нурсултан Назарбаевдин туулган күнүнө туш келип, майрамдык той салтанат дүнгүрөгөн программа менен өткөн жатат. Ушул жекшембиде президент Нурсултан Назарбаев 68 ге чыгат.

Нурсултан Назарбаев өзүнүн туулган күнү болгон 6-июлду «Астананын күнү» деп улуттук майрам катары жарыялаган жарлыккка өткөн айда эле кол койгон. Бирок бийлик өкүлдөрүнүн айтымында, Астананын он жылдык мааракесине карата камылга бир жыл мурун эле башталган. Бул күндөрү Казакстандын мамлекеттик маалымат каражаттары Астананын тоюна чакырылган Назарбаевдин мартабалуу меймандары менен мактанып жатышкан кез. Андай мартабалуу меймандардын арасында Орусиянын, Түркиянын, Борбор Азия, Кавказ өлкөлөрүнүн президенттери, ошондой эле Йорданиянын королу Абдулла дагы бар.

Астананын он жылдык маараке салтанатына ошондой эле атагы алыска кеткен популярдуу ырчылардын келиши күтүлүүдө. Мунайзат саткан капчыгын калың компаниялардын бирөө америкалык атактуу ырчы Уитни Нюстонду Астананын тоюна алып келип ырдатканы жатканы да айтылууда. Атайы мааракеге байланыштуу ачылган вебсайтта борбор шаардын керемет архитектурасы жана уникалдуу долбоорлор жөнүндө мактанган маалыматтар чыгууда.

Бирок майрамдык маанайга көлөкө түшүргөн да себептер бар. Назарбаевдин мурдагы күйөө баласы Рахат Алиев мурдагы кайын атасы жөнүндө көптөн бери жазып жаткан китебин жарыкка чыгарды. Китептин Астана жөнүндөгү бабында Рахат Алиев борбор шаарды Астанага көчүрүүнү Назарбаев жеке коопсуздугу үчүн жасаган деп жазат. Бул жакта, анын пикиринде, эч кандай түстүү ыңкылаптар болбойт, анткени Астана жайгашкан чөлдүү талаада жайында аба кайнап, кырк градустан ашып кетет, кышкысын минус кырк градустан жогору болгон учурлар да көп.

Алиев ошондой эле өзүнүн вебсайтында жарыяланган китебинде борборду Астанага көчүрүү менен Назарбаевдин администрациясы казынанын акчасын каалагандай калчагандын жакшы жолун тапкан деп жазат. Азыркыга чейин мамлекеттик бюджеттен миллиондогон каражаттар Астанада өкмөттүк имараттарды жана атка минерлерге үй салууга жумшалып жатат.

«Керемет көрүнүштөрдүн ордуна мен калктан уурдалган миллиарддаган акчалардын кантип жоголуп жатканын гана көрдүм» деп жазат Алиев. Алиев эки жыл мурун Назарбаев менен чатакташып, башынан оомат кеткенден кийин азыр Австрияда жашайт. Президент Нурсултан Назарбаевдин мурдакы күйөө баласы Рахат Алиев 15-январда сыртынан 20 жылга соттолгон. Алиевди сот кылмыштуу топту уюштурду, адамдарды талап-тоноду, киши уурдады, өкмөттүк мүлктү натуура пайдаланды деп айыптаган.

Оппозициядагы саясий ишмерлер Алиевдин сын пикирлерине кошулушат. Алардын бири Коммунисттик партиянын лидери Серикболсун Абдулин мындай дейт:

"Мамлекеттик бюджеттин бараандуу бөлүгү Астанада көмүлүп жок болду. Мен көмүлүп деп айтып атканым, анткени жаңы имараттардын 70 пайызына чейин бош экендиги жөнүндө маалыматым бар. Жаңы имараттар жалаң гана өкмөт үчүн. Калктын камын көргөн адам муну жасамак эмес, -дейт Серикболсун Абдулин.

Казакстандын борборун Алматыдан Астанага которуу тууралуу чечим 1997-жылы 10-декабрда чыккан. Астана мурда Акмоло деп аталып, жайы мээ кайнаткан ысык, кышы кычыраган суук, 270 миң адам жашаган ээн талаадагы областтык борбор болгон.

Борборду Астанага көчүрүү идеясын колдогондор муну геосаясий коопсуздук көз карашынан алганда абдан туура чечим болгон деп айтышат. Алардын пикиринде Алматы Кытай менен Өзбекстанга өтө жакын жайгашкандыктан, коопсуздук жагы анча эмес эле. Акмоло өз кезегинде Орусияга жакын жайгашып, басымдуу калкы орустар болгондуктан, жикчил маанайдын күчөй турган коркунучу бар эле.

Назарбаев Астанада эбегейсиз көп курулуштарды баштап, Норман Фостер жана Киша Курокава сыяктуу атактуу архитекторлорду чакырып, шаар архитектурасын долбоорун чийдирткен. Азыр бул шаарда калктын саны 700 миңге чамалап, өлкөнүн мунайзат байлыгынын эсебинен бат эле дүркүрөп өсүп чон шаарга айланды.

Назарбаевдин саясий атаандаштары Астананын мааракесине байланыштуу дүңгүрөтүп той берүүнү сынга алып жатышат. Оппозициядагы социал-демократиялык партиянын төрагасынын орун басары Өмүржан Козановдин айтымында, мааракелик иш чаралар Назарбаевге кошоматчылыктын гана көрүнүшү.

«Астананын мааркесине байланыштуу өткөрүлүп жаткан иш чаралар кандайдыр бир жасалма мүнөздө болуп жаткансыйт. Улуттун, калктын кудурет -кубатын майрамдоону ордуна биз бир адамды эле көкөлөтү мактап атабыз. Ушунун баары Астананын тоюнун алдында анча көнүлдүү эмес ойлорго жетелейт».

Көз каранды эмес белгилүү журналист Сергей Дувановдун айтымында, Астана жалаң байлар жашай турган гана шаар болуп калды.

"Шаардын сырткы көрүнүшүн алганда бул жерде улуттук өзгөчөлүктүн карааны да жок. Ага караганда Алматы, Тараз, Чимкент шаарлары өзүнчө улуттук жүзү бар шаарлар. Астананын өзүнүн жүзү жок, анын шарданган архитектурасынан башка эчтекеси жок. Бул карапайым адам үчүн эмес, президент акимчилиги, өкмөттүк атка минерлер үчүн, Казакстанда баары мыкты деген амбицияны көргөзүү үчүн курулган»,-дейт Сергей Дуванов.

Бул шаар 19-кылымда Акмолинск деген ат менен Cибирь казактары жердеген чеп болгон. 60 жылдары Казакстанда дың жерди өздөштүрүү бшталганда Целиноград деп аты өзгөргөн. Казакстан эгемендик алганда Акмоло деген эски аты кайтарылган. Ал эми 1997-жылы өлкө борборуна айланганда анын атын Астана деп жарыялашкан. Бирок ушуну менен эле ат алмаштыруу токтоп калчудай көрүнбөйт. 4-июнда Казакстандын парламентинде спикердин орун басары Токпакбаев борбор шаарды Нурсултан шаары деп атоо жөнүндө демилге көтөрүп чыккан. Токпакбаев жана парламенттеги жалаң бийликтин "Нур Отан" партиясынан шайланган башка депутаттар дагы Санкт Петербург, Вашингтон сыяктуу ири шаарлар дагы залкар мамлекет башчыларынын атынан коюлганын жүйөө кылып мисал тартышкан. Бирок Назарбаев бул сунуштан жумшак баш тартып, бул маселени кийинки урпактардын эркине калтыруу керек деп билдирген.

ӨЗБЕК БИЙЛИКТЕРИ “АЗАТТЫККА” КАРШЫ ҮГҮТ КАМПАНИЯСЫН УЛАНТЫШУУДА

Өзбекстандын мамлекеттик маалымат каражаттары “Азаттыктын” өзбек кызматына каршы үгүттөө иштерин улантышууда. Бир нече жума мурун өлкөнүн бир катар телеканалдары радиону каралаган документалдык фильмди көргөзүшкөн эле. Бул аралыкта Каримовдун өкмөтү Европа биримдиги менен адам укуктары чөйрөсүндөгү абалды жакшыртуу жөнүндө сүйлөшүү жүргүзүп жатат.

Намангандагы “Шарк ТВ” каналы губернатордун кеңсесинде өткөн тегерек үстөл жөнүндө репортаж көрсөттү. Анда “Азаттык” радиосунун элге тийгизген таасирине туруштук берүү маселеси талкууланган. Талкуунун алып баруучусу радио туудурган идеологиялык коркунучка каршы күрөштө элдин “Азаттык” жөнүндө чындыкты билиши маанилүү деди. Репортажда президентчил партиянын мүчөсү айткан сөздөрү келтирилди:

- “Азаттык” радиосу сөз эркиндигин урматтабаганын көрүп жатабыз. Жыйында саясий партиялар, коммерциялык эмес бейөкмөт уюмдар жана маалле бийликтери идеологиялык боштукту толтуруу, жаштар, аялдар жана башка жарандар арасында улуттук идеологияны калыптандыруу боюнча чараларды иштеп чыгышты.

Тегерек үстөл жөнүндөгү репортажга чейин Фергана өрөөнүндөгү регионалдык телеканалдардан, андан кийин Ташкентте “Азаттыктын” өзбек кызматы жөнүндө даректүү тасма көргөзүлгөн. Бир сааттык программада радионун кабарчылары журналисттик этиканы сактабайт жана мамлекетке каршы иш алып барышат деп айтылган. Андан тышкары редакцияда иштеген журналисттер, алардын жакындары тууралуу жеке маалымат берилген.

“Азаттыктын” өзбек кызматынын кабарчылары билдиргендей, ар бир облустун жергиликтүү бийликтери радиону айыптаган тегерек үстөл жыйындарын өткөрүүгө Ташкенттен көрсөтмө алышкан. Фергана облусунун рухий агартуу департаментинин атын атабаган расмий өкүлү репортаж жөнүндө төмөнкүдөй ойлорун айтат:

- Демократиянын ураандарына жамынып алып жеңил-желпи маалымат каражаттары пайда боло калды. Ал эми “Азаттык” радиосунун кабарчыларынын интеллектуалдык жана кесиптик деңгээли башкача эмеспи. Кээ бирлер текшерилбеген маалыматтарга таянып, терең изилдебестен программа даярдашыптыр. Же маселен, бир эле кишинин пикирин алып, ал бүт элге таандык деп беришкен. Менимче, бул туура эмес.

“Азаттыкка” каршы кампания Өзбек өкмөтү Евробиримдик менен адам укуктарынын абалы боюнча сүйлөшүү өткөрүп жаткан учурга дал келди.
Апрелде Еврошаркет Анжиян окуяларынан кийин киргизилген санкцияларды колдонбоону узартуу чечимин кабыл алган.
Уюмдун тышкы байланыштар комиссары Бенита Ферреро-Валднердин маалымат катчысы Кристиан Хохман “Азаттыктын” кабарчысына билдиргендей, шаркет Өзбекстандагы адам укуктарынын, сөз эркиндигинин абалынын жакшырышын күтөт.

Хьюман Райтс Уоч уюму Эркин Европа/Азаттык радиосуна каршы үгүт кампаниясына байланыштуу “терең камтамачылыгын” билидрди.
Эларалык Кризис тобунун медиа директору Эндрю Штрохлайн Өзбек бийликтери Азаттыктын элге тийгизген таасиринен чочулайтдеген пикирде:

- Силер калың каллка жеткирип жаткан маалымат ушунчалык баалуу болгондуктан, бийликтер артыңардан түшкөн. Ошол маалымат өкмөт орнтоууга аракеттенип жаткан пропагандага карама-каршы келет. Авторитардык режимдин эң чоң коркунучу – бул чындык.

Штрохлайн кампания “Азаттыктын” популярдуулугунун өсүшүнө гана алып келди дейт. Оппозициядагы Эрк демократиялык партиясынын сүргүндөгү лидери Мохамад Салых анын оюна кошулат:

- Каримовдун 19-жылга созулган диктатордук режими сөз эркиндигинин маанилүүлүгүн бышыктады. “Азаттык” радиосу, ал таркаткан эркин маалымат мурда болуп көрбөгөндөй мааниге ээ болуп калды. Диктатор жана режим өкүм сүрүп жаткан кезде радионун бул жолунан тайбасын каалайбыз. Бир четинен мен силерди куттуктаймын. Режим ишиңерден улам бушайман боло баштады. Ошон үчүн кеңири кампания жүргүзүүдө.

Угуучулардын бири болсо бийликтер тоскоолдук түзгөн сайын, “Азаттыкты” уккан элдин саны көбөйүүдө дейт.

ТҮРКМӨН ПРЕЗИДЕНТИ «СӨЗ ЭРКИНДИГИНЕ ӨЧӨШКӨН ЖЫРТКЫЧТАРДЫН» ТИЗМЕСИНДЕ

Кубат Чекиров, Прага Эл аралык укук коргоо уюмдары "Азаттыктын" түркмөн кызматы менен кызматташып келген Сазак Дурдымурадовду камактан бошотуу чакырыгын түркмөн бийлигине жолдоду. Сазак Дурдымурадов "Азаттык" үналгысына сүйлөп пикирин айтып койгону үчүн бийлик тарабынан эл арасында азыркы Гулаг катары атыкан психиатриялык ооруканада он күндөн ашык убакыттан бери камакта жатат.

Сазак Дурдымурадов эч кимге пайдадан башка зыяны жок тарых мугалими, ал сонку эки ай ичинде "Азаттыктын" түркмөн кызматынын кабарчыларына ой-пикир бөлүшүп иштешип келген. Колдогу маалыматтарга караганда Дурдымурадовду камакка алгандан кийин токмоктошуп, электр тогу менен сайгылап, "Азаттыктын" радиоберүүлөрүнө мындан ары катышуудан кат жүзүндө баш тарт деп кыйнашкан.

Аны ошондон кийин Лебап аймагындагы түркмөн режимин сындагандарды жазалоочу жай болуп калган псих ооруларын дарылоо жайына которушкан. Бул кейиштүү окуя эл аралык деңгээлде чагылдырылды, маселен «Нью-Йорк Таймс" жана «Вашингтон Пост" сыяктуу гезиттердин көңүлүн бурду. Эл аралык укук коргоо уюмдары, анын ичинде Журналисттерди Коргоо Комитети, «Чек арасыз кабарчылар уюму» Дурдымурадовдун камалып кыйноого алынып жатышын айыпташууда.

Парижде жайгашкан «Чек арасыз кабарчылар» уюмунун директорунун орун басары Жеф Джуллиар Сазак Дурдымурадовду кысып- кыйноо таптакыр чектен чыккан көрүнүш деп билдирди.

"Биз Сазак Дурдымуровду бошотуу жөнүндө өтүнүч менен түркмөн бийлигине кайрылабыз. Биз анын эч кандай күнөөсү жок деп ойлойбуз. Ал журналист катары өзүнүн ишин аткарды. Бул жерде мыйзамга каршы эч нерсе жок. Анын башына түшкөн кыйын кырдаал бизди өтө тынчсыздырат. Биз аны кысмакка алып-кыйнап жатышат деп ойлоп жатабыз. Аны жазалоо максатында ооруканада кармоо эч жол берилгис көрүнүш. Ошондуктан биз түркмөн бийликтерин аны бошотууга чакырабыз»,- деди Жеф Жуллиар.

Жеф Жуллиардын айтымында, Дурдымуровду камоо окуясы түркмөн бийлигинин төрөлөрү өлкөдө адам укуктары жөнүндө сүйлөшүүлөр жүрүп жатканда орун алганы абдан дендароо кылды.

"Бул камоо окуясы түркмөн жетекчилери менен Европалык Биримдиктин лидерлеринин ортосунда адам укуктары жаатындагы кырдаал боюнча сүйлөшүүлөр болуп жатканда болгону бизди титиретти. Ошондуктан биз Европалык Биримдиктин лидерлерин дагы Сазак Дурдымурадовду бошотуу үчүн кийлигишүүгө чакырабыз»,-деди Жеф Жуллиар.

Жеф Жуллиардын айтымында, Дурдымурадовдун окуясы Түркмөнстандагы адам укуктары басмырланган көп сандаган көрүнүштөрдүн соңкусу гана. «Чек арасыз кабарчылар» уюму өзүнүн соңку жылдык иликтөөсүндө жаратылыш газына бай Түркмөнстанды сөз эркиндигинин деңгээли боюнча 169 өлкөнүн ичинен 167 орунга коюуга аргасыз болгон.

"Түркмөнстанда журналисттер үчүн да, башкалар үчүн да, эч кандай эркиндик жок. Адам укуктарына эч кандай урмат-сый жасалбайт. Бул дүйнөдөгү өтө жабык турган өлкөлөрдүн бири. Басма сөз эркиндиги бул жакта эч качан болгон эмес. Сөз эркиндиги, жыйындарды куруу эркиндиги сыяктуу адам укуктарынын эч бирин мында кадырлабайт. Дүйнө боюнча адам укуктарын коргогон бардык уюмдар үчүн Түркмөнстан өзгөчө тынчсыздануу жараткан өлкө бойдон калууда.»

Жуллиардын айтымында, мына ушундай кейиштүү көрүнүштөрдөн кийин «Чек арасыз кабарчылар» уюму түркмөн президенти Гурбангулы Бердимухаммедовду «Сөз эркиндигин мойсогон жырткычтар» жана «Интернеттин кас душмандары» деп аталган тизмеге киргизишкен.

«Биз алардын реакциясына түшүнбөйбүз. Түркмөн бийликтери өзүнүн сырткы дүйнөдөгү бедели жөнүндө чынында эле кам көрүшпөйт дегендей ойдо калып жатабыз. Дүйнөлүк коомчулукта алар жөнүндө ой-пикир өтө жаман, аларды дүйнөдөгү өтө катуу диктат орногон өлкө деп билишет. Мен билбейм, эмне үчүн алар ушундай кылып жатышат. Эгер алар өздөрүнүн атак-аброю жөнүндө ойлошсо, маалымат майданын башкаруу ишинде сынга калбоого аракет кылышат эле да. Биз ушул 2008-жылы Түркмөнстандын жаңы жетекчилери, - биринчи иретте жаңы президенти – мындай кейиштүү көрүнүштөргө жол берүү керек эместигин түшүнөт деп ойлойбуз. Президент Бердимухаммедов ушундай куугунтук саясатын уланта берсе дүйнөдөн обочо калып, өзүнүн элине да, өлкөсүнө да эч качан жардам бере албайт»,-дейт Жеф Жуллиар.

Түркмөнстандан куулуп чыккан оппозициялык партиянын лидери Нурмухаммед Ханамов азыр Венада жашайт. Ал Түркмөнстанда 2006-жылы декабрда мурдагы президент Сапармурад Ниязов өлгөндөн кийин адам укуктары жатында эч кандай жылыштар болгон жок деп эсептейт.

"Ниязовдун учурунда кандай болуп келген болсо азыр деле акыбал ошондой, сөз эркиндиги жана эркин маалымат каражаттары жаатында эч кандай жылыштар болгон жок. Соңку окуя муну дагы бир жолу ырастап турат".

Вячеслав Мамедов – Түркмөнстанда улуттук азчылыктардын таламын талашып келген мурдагы укук коргоочу. Ал өлкөдөн бозгунга кетердин алдында тымызын кызматтардын сурагында болуп, ЕККУнун Ашгабаттагы офисине эч качан бара албагандай болуп түрмөгө салынган. Бийликтер Мамедовду ЕККУга саясий документти берип салды деп айыпташып, чет өлкөлүктөр менен жолукканга бөгөт коюу үчүн ага борбор шаарга келүүгө таптакыр тыюу салып коюшкан.

"Дурдымурадовдун окуясы түркмөн бийликтеринин чыныгы жүзүн көрсөттү. Акыркы бир жарым-эки жылдын ичинде алар өлкөдө либералдык жана демократиялык реформаларды баштаган болуп көрүнүп элди алдап келишти. Чынында эч кандай реформалар өлкөдө болгон жок»,-дейт Мамедов.

АКШнын мамлекеттик департаменти дагы 28-июнда бул маселеге атайын көнүл буруп, Дурдымурадовдун камалышы жана кыйноого алынышына терең кабатырлануу билдирди. Мамдепартаменттин өкүлү Том Кейси «журналисттерди коркутуп үркүтүүнүн ар кандай аракетин адам укугун басмырлоонун эч жол берилгис түрү» деп атады.

ӨЗБЕК ТЕРРОРЧУЛАРЫ ПАКИСТАНДЫН ЖООСУНА АЙЛАНДЫ

Пакистандын ырасмий өкүлдөрү Түндүк-батыш чек ара провинциясындагы кырдаалды курчутуп жаткандардын арасында Өзбекстан ислам кыймылы да бар дешет. Өкмөт жакында бул аймакта “Талибандын” жергиликтүү лидерлери менен мунасага келип, провинцияны чет элдик күчтөрдөн тазалоону чечкен эле.

Пакистандын премьер-министри Юсуф Реза Гилани өткөн ишемби күнкү маалымат жыйынында “ортоазиялык республикалардан чыккан козголоңчул топтор провинциядагы абалдын курчушуна көмөкчү болуп жатканын” айтып, алардын кимдер экенин тактаган эмес эле. Бирок аскери өкүлдөр,жергиликтүү байкоочулар өкмөт башчы Өзбекстан ислам кыймылы деп аталган топту эске алып жатканын ырасташты. Генерал Ахтар Аббас жергиликтүү уруулар чет элдик лашкерлерди аймактан сүрүп чыгарышы керектигин, өкмөт буга белгилүү мөөнөт берерин билдирди.

Чет элдик элементтердин арасында өзбек террорчуларынын жасагы жарым миңдей бар дешет. Алардын жаңбашчысы Тохир Юлдашты Исламабадда чыгуучу “Daily Times” гезити “Ал-Каиданын” экинчи төбөлү Айман ал-Завахиринин “оң колу” деп сыпаттады. Айтымда, Юлдаш жакында эле талиптер менен “ал-каидачыларды” АКШны колдоп жаткан “эки жүздүү” мусулмандарга каршы да жихад жарыялоого чакырган экен.

Пакистандык белгилүү журналист Ахмед Рашид провинцияда көбөйүп бараткан чет элдик лашкерлердин, Ооганстанда жанкечтилик кылып жаткан террорчулардын арасында Өзбекстандан келген өзбектер бар экени, алар бул жерде да айрым иштерин улантып жатканы калетсиз деп эсептейт.

Өзбек лашкерлерин мындан саал мурдараак Вазирстанда жергиликтүү пуштундардын каада-салтын таңазар албай, уруу башчыларга кол салып,айрымдарынын көзүн тазалап салганы үчүн айыпташкан эле. Өзүн кыймылдын өкүлү деп атаган бир өзбек быйыл январда Спинкай, Макин жана Размак райондорунда бир жумадан бери айыгышкан атышуулар басылбай, калк алдаалап качып жатканын, өкмөттүк жоокерлердин көбү окко учканын, аскер казармалары курчоого алынып, өрттөлгөнүн кабарлаган. Пакистан генералдары болсо бул урушта 150дөй өзбек лашкери жок кылынганын айтышкан.

Өзбекстан ислам кыймылы өзүн адегенде президент Ислам Каримовду бийликтен кулатуу үчүн күрөшкөн күч катары жарыялаган. Кийин сүрүлүп, Ооганстандагы “Ал-Каиданын” жана “Талибандын” күчтөрүнө кошулган. АКШнын аскери операциялары маалында алардын көбү өлгөн,айрымдары колго түшкөн. Калган-катканы Пакистанга өтө качып, түндүк-батыш чекара провинциясындагы уруулар арасына келип коргологон. Бир нече ирет Тохир Юлдаш да өлдү деген кабар тарап, анын баары бышыкталган же төгүндөлгөн эмес.

Быйыл жыл башында Өзбекстан ислам кыймылы Түндүк-батыш чек ара аймагында жергиликтүү уруу башчыларына, өкмөт аскерлерине каршы күрөшкөнү вазирстандык жаңбашы Байтулла Мехсуддун отряддарына кошулган.

КАЗАКСТАН ЕККУга ТӨРАГАЛЫК КЫЛГАНГА “ДАЯР БОЛБОЙ ЖАТАТ”

Амирбек Усманов, Прага Казакстан 2010-жылы Европадагы коопсуздук жана кызматташуу уюму - ЕККУга төрага болордон мурда өлкөдөгү демократиялык реформаны тездетүүсү зарыл. Мындай чакырууну Казакстанда ырасмий сапарда жүргөн АКШ Конгрессинин делегациясы жасады. Америкалык конгрессмендер Астанага ЕККУнун Парламенттик ассамблеясынын 17-жылдык сессиясына катышканы келген. Абройлуу уюмдун сессиясы Азияда биринчи болуп Казакстанда өтүүдө.

ЕККУнун былтыр ноябрда Мадридде өткөн сессиясы 2010-жылы Казакстан уюмга төрагалык кылсын деп чечкен. Мындай укук Казакстан өлкөнүн шайлоо мыйзамдары реформаланат, сөз эркиндиги кеңейтилет жана оппозициячыл партиялар чоң саясатка катыштырылат, деп убада кылгандан кийин берилген. Болбосо, Британия менен АКШ Казакстандагы адам укугу жана демократиянын абалына шылтап, өлкөнүн ЕККУга төрагалык кылуусуна каршы чыгып жаткан.

АКШлык сенатор Бенжамин Кардин 1- июлда Астанада болгон маалымат жыйынында, Казакстан былтыр Мадридде алган милдеттенмесин аткарбай жатканына токтолду:

- Бул милдеттенме саясый партиялардын укуктарын, шайлоо реформасын, диний уюмдарды жана эркин басма сөздү камтыйт. Прогресс 2008- жылы болуш керек. Айтылган милдеттенмени аткаруу үчүн 2008- жылы көп оң жылыштар болушу зарыл.

Билдирүүнү демократ- сенатор Кардин шейшемби күнү Казак жетекчилиги жана оппозиция лидерлери менен кездешкен соң жасады.

Конгрессмен Алси Хастинг болсо Казакстан демократиялык реформаларды кандай аткарып жатканын Кошмо Штаттары кылдат байкап турарын айтты. Хастинг ошол эле учурда Казакстандын дүйнөлүк базарга мунай сатууну көбөйтүүсүн оң баалады:

- Биз Казакстандын мунай өндүрүүнү көбөйтүү жана аны дүйнөлүк базарга чыгаруучу жаңы жолдорду издөө аракетин абдан жогору баалайбыз.

ЕККУнун Парламенттик ассамблеясынын төрагасы Йоран Леннмаркер да демократиялык реформалар аткарылбай жатып, Казакстандын ЕККУга татыктуу төрагалык кыларынан күмөн санаганын билдирди.

Казакстандын 2010-жылы ЕККУга төрагалык кылуусун жактагандар, өлкөнүн экономикалык ийгиликтерин жана советтер союзунан мураска калган ядролук каруу жарагын жок кылуусун бетке тутушкан.

Президент Назарбаевдин сессиянын ачылышында сүйлөгөн сөзүнө караганда, Казакстан Батыштын талабына жараша азыркы бир партиялуу парламентини чукул арада реформалайт же таркатат көрүнөт:

- Биринчиден, парламентти экиден кем эмес партия түзчү укуктук механизмди иштеп чыгуу. Экинчиден, саясый партияларды курууга ылайыктуу шартты түзүү.

Нурсултан Назарбаев өз сөзүндө өкмөттөн маалымат каражаттарына бут тоскон бюрократтык тоскоолдуктарды да жойууну талап кылды. ЕККУнун Парламенттик ассамблеясынын Астанадагы сессиясы 3- июлда аяктайт.

«АЗАТТЫКТЫН» ТҮРКМӨН КЫЗМАТЫНЫН КАБАРЧЫСЫ БИЙЛИК ТУЗАГЫНДА КАЛА БЕРҮҮДӨ

Кубат Чекиров, Прага Түркмөнстанда Эркин Европа/Азаттык үналгысы менен тыгыз кызматташып келгендиги үчүн Сазак Дурдымурадов аттуу жаран учурда псих ооруларынын клиникасында кармоодо жатат. Чөлдө орун алган, азыркы Гулаг катары сыпатталган бул клиника бир топ жылдан бери өкмөттү сындаган көп ишмерлердин турагы болуп калды. Тарых сабагынын мугалими, коомчулукка жакшы таанымал адам Сазак Дурдымурадов 20-июнда Европалык Биримдик менен Түркмөнстандын бийликтери ортосунда адам укуктар маселеси боюнча сүйлөшүүлөр болор алдында кармалган. "Азаттыктын" кабарчысы Гүлноза Сейидазимова бул азаптуу жайда мурда кармалып чыккандарга жолугуп, андагы көп жылдардан бери орун алып келаткан адам кыйноолору жөнүндө угуп келген.

Түркмөнстандагы саясий диссидент Гурбандурды Дурдыкулиев псих ооруларынын Бойнузин деп аталган клиникасында, түркмөндөрдүн азыркы Гулагында дээрлик 26 ай отурган. Ал бул жакта отурган учурун тозок менен салыштырат:

«Бул жабык оорукана. Башкы дарыгер бул жакты өзүнүн менчигиндей эле көрөт. Тамак-ашы абдан начар. Шейшептер абдан эски. Керебеттер да эски, совет мезгилинде балдар лагеринен алынып келинген бойдон. Алардын көпчүлүгүнүн тору жок, отурган адамдар зым менен эптеп байлап-сайлап алышкан. Таракан деген жайнайт. Терезелер эки кабат болуп тордолгон, бирок айнеги жок, ошондуктан кышында өтө суук»,-дейт Дурдыкулиев.

Бойнузин Амударыяга жакын чөлдө Ашгабаттан болжол менен 700 чакырым алыстыкта жайгашкан. Ал бул жакта отуруп чыккандар гана эмес жакын коңшу айылдарда жашаган элдин дагы эсин чыгарган жай. Бийиктиги төрт метр келген дубалдар менен тосулган бул жайды полиция кайтарып турат. Дурдыкулиевдин айтымында, аны кайтарып тургандар чиновник кийимин кийип алышкан коопсуздук кызматынын офицерлери. Бул жер башынан эле «өтө коркунучтуу кылмышкерлер» үчүн, эң оболу киши өлтүргүчтөр жана псхикалык жактан акылдан адашкан оорулар үчүн салынган.

Эркин Европа/Азаттык үналгысынын түркмөн кызматына байма-бай ой-пикир бөлүшүп келген Сазак Дурдымурадов бийликтен жалтанбай аларды сындап эркин сүйлөгөндүгү үчүн жакында Бойнузиндегилердин катарына келип тыгылды. Клиниканын башчылары Сазактын бул жерде экенин Азаттык үналгысынын түркмөн кызматына ырастап айтып беришти. Көрсө Дурдымурадов Ашгабаттын жанындагы Бахарден шаарындагы үйүнөн камакка алынгандан кийин он күндөн кийин ушул жакка алып келинген экен.

Кабарларга караганда Дурдымурадовду басмырлап, ага өтө орой мамиле кылышкан. Ал Азаттык үналгысы менен кызматташтыгын токтотпой турганын билдиргенден кийин кармалган. Бул жакта далай азапты башынан кечирген Дурдыкулиев Дурдымурадовдун Бойнузинде токмоктолгонуна бөркүндөй ишенет.

Дурдыкулиевдин айтымында, бул жерде отургандарды жазалоонун ар кандай жолдору бар. Маселен баш көтөрүп каршылык кылгандардын эркин сындыруу үчүн күч менен баңгизат сайып туруп, бир кишилик камерага камап коюшат. Дарыгерлер кааласа өлтүргөндөн да кайра тартышпайт. Дурдыкулиевдин өзү да изолятордо көп айлап камалып азабын жеген.

«Мен бул жерге биринчи камалганда мени изоляторго отургузушту. Бул ооруканада изолятор бар. Мени бул жерде жападан жалгыз төрт ай, он төрт күн кармашты. Бул жерде жарык жок, телевизор, радио жок. Тамагы куруп калсын, болбогон бир ботко беришет, сууга аралаштырып туруп, башка эчтеке жок»,- дейт Дурдыкулиев.

Дурдыкулиевду 2004-жылы өкмөт саясатына каршы чыкты деп айыптап кармашкан. Кезегинде эл аралык уюмдар, Батыш өлкөлөрүнүн өкмөттөрү, АКШнын Конгрессинин 54 мүчөсү кайрылып ортого түшкөндөн кийин гана Дурдымурадовду бошотушкан. Ал бул ооруканага келгенге чейин эле жүрөк жана ашказан ооруусунан жапа чегип келген экен. Доктурлар анын оорусуна карашкан эмес, анын акылдан адашкан адамдардын арасына кошуп, эркин сындыргылары келишкен. Дурдыкулиев жиндиканада жатканда өзүнүн аянычтуу абалы жөнүндө ошол убактагы саламаттык сактоо министри Гурбангули Бердимухамеддовго бир нече жолу кат жазып кайрылыптыр.

«Мен бул жакта болгондун баарын азыркы президент Бердимухаммедовго ал саламаттык сактоо министри болуп иштеп турганда жазып арыздангам. Андагы дарыгерлер баш кесерлер деп айткам, аларга караганда баш кесерлер артык. Баш кесерлер кыйнабай өлтүрүп салат, а силер андан жаман кылып жатасыңар деп жазган болчумун»,- дейт Дурдыкулиев.

Эл аралык адам укугун коргоочу уюмдар жана маалымат каражаттары, алардын ичинде «Чек арасыз кабарчылар» уюму дагы, Дурдымурадовду камакка алууну айыпташууда.

АКШнын Мамлекеттик Департаменти 28-июндагы билдирүүсүндө Дурдымурадовдун камалып, зомбулукка туш болгонуна «терең тынчсыздануусун» билдирди. Мамдепартаменттин өкүлү Том Кейси «журналисттерди коркутуп үркүтүүнүн ар кандай аракетин адам укугун басмырлоонун эч жол берилгис түрү» деп атады.

КАЗАКСТАНДА ӨЗБЕК КАЧКЫНДАРЫН КАРМАП-КАМАП ЖАТЫШАТ

Кубат Чекиров, Прага Казакстанда кармалган өзбек качкындары Хасан Темиров менен Рафик Рахмановдун тагдырлары укук коргоочулардын тынчсыздануусун жараткан маселе бойдон калууда. Хасан Темиров өткөн жумада Казакстандын улуттук коопсуздук кызматы тарабынан кармалган. Рафик Рахманов 17-апрелде камалган. Бул эки өзбек жараны тең Өзбекстанда террордук окуяларга катышы бар шектелип айыпталып, аларга издөө жарыяланган.

Өткөн аптада Алматы шаарында кармалган Хасан Темировду полиция улуттук коопсуздук кызматына өткөрүп бергенм белгилүү болчу. Анын азыркы абалы жөнүндө Казакстандын улуттук коопсуздук кызматы маалымат бербей, кат жүзүндө суроо талап берилсе ага жооп кылышарын гана билдирүү менен чектелүүдө. Бирок соңку маалыматтар боюнча Хасан Темиров аны БУУнун качкындар иштери боюнча комиссарынын өкүлдөрү келип, арызын угуп, качкын макамын берсин үчүн улуксат сурап Казакстандын бийликтерин арыз жолдогону белгилүү болду. Хасан Темиров өзбек бийлиги тарабынан Ташкентте 1999-жана 2004-жылы болгон террордук акцияларга катышы бар деп айыпталып келатат.

17-апрелде Алматыда дагы бир өзбек жараны Рафик Рахмановду казак полициясы кармап кеткен болчу. Кокон шаарынын 52 жаштагы тургуну Рафик Рахманов Анжиян качкындары сыяктуу эле Өзбекстандын бийлиги тарабынан киши өлтүрүү жана террордук иштерге катышы бар деп айыпталып, ага издөө жарыяланган. Ал камакта отурган жерге БУУнун Качкындар иштери боюнча комиссарынын өкүлдөрү кирип сүйлөшүп, Рафик Рахмановду качкын макамын сурап жаткан адам катары каттоого алган. Анын качкын макамын сураган арызы боюнча кандай чечим болору азыр белгисиз экендигин Азаттыкка БУУнун качкындар иштери боюнча комиссарынын Алматыдагы өкүлчүлүгүнүн кызматкери Геля Рерих билдирди.

«Интервью иштери өткөрүлдү. Ага качкын макамын берүү жөнүндө маселенин жыйынтыгы кандай болору жана качан болору жөнүндө так маалымат айта албайбыз»,- деди Геля Рерих.

Казакстанда жүргөн өзбек качкындары соңку учурда Казакстандын күч органдары тарабынан аларга каршы кармап камоолор, текшерүүлөр күчоп кеткенин кабатырлануу менен билдирип жатышат. 29-майда өзбекстандык дагы эки жаран Жобир Аслонов менен Элмурат Хамзаевди Казакстандын полициясы кармап алып, укук коргоочулардын кийлигишүүсү менен араң бошотушкан.

Казакстанда баш калкалап жүргөн өзбек жарандары 31-майда эл аралык уюмдарга таркаткан катында өздөрүнүн жана үй-бүлөсүнүн, балдарынын өмүрү үчүн абдан кооптонуп жатышканын билдиришкен.

«Бизди камап туруп күч менен Өзбекстанга депортация кылабы деп коркуп жатабыз. Ал жакта бизди кыйноолор жана өлүм күтүп турат. Биз түзүлгөн кырдаалга тезинен кийлигишип, бизге күч структуралары коркунуч келтире албай турган демократиялык өлкөлөрдүн бирине көчүп кеткенге жардам берүүнү сурайбыз»,- деп айтылган алардын катында.

Бул катка Казакстанда качкын абалында жүргөн 35 өзбек жараны кол койгон. Ошондой эле БУУнун Качкындар боюнча комиссарынын Алматыдагы өкүлчүлүгүндө качкын макамын сурап жаткан дагы беш өзбек жаранынын арызы каралып жатат.

Н.НАЗАРБАЕВ: КАЗАКСТАН ЭКИ ПАРТИЯЛУУ СИСТЕМАГА ӨТӨТ

Астанада бу күндөрү Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун парламенттик ассамблеясы (OSCEPA) өзүнүн кезектеги жылдык сессиясын өткөрүп жатат. Анын ачылышында сөз сүйлөп, президент Нурсултан Назарбаев келечектеги парламент кеминде эки партиядан курала турганын билдирди. Уюмдун батыш жамаатындагы мүчөлөрү Казакстанды демократиялык реформаларды ыкчамдатууга чакырышты.

Казакстан 2010-жылы уюмга төрагалык кылат. Эмдиги жылы анын жетекчи “үчилтигине” кирет. Казакстандын бир партиялуу системасы болсо уюмда кабыл алынган демократиялык стандарттарга туура келбейт.

Ошол себептүү тышкы иштер министрлеринин былтыр Мадриддеги жыйынынан соң Казакстан ички мыйзамдарын өзгөртүү пландарын жарыялаган. OSCEPAнын төрагасы Горан Леннмаркер Астанада ачылган кезектеги жылдык 17-сессияда ошол убадаларды эске салып,аларды ишке ашыруу жагынан иштерди ыкчамдатуу зарылдыгын белгиледи. Уюмдун баш катчысы Марк Перрен де Бришамбо казак өкмөтү менен парламенти өз милдеттенмесин аткарарына толук ишене турганын билдирди.

Уюмдун байкоочулары былтыркы парламенттик шайлоого терс баа беришкен,ал эми межилистин төмөнкү палатасына жалгыз гана президенттин “Нуротан” партиясы өткөнүн демократиялык бир да өлкөдө кезикпеген өнөгө деп аташкан. Былтыртан бери европалык ырасмий өкүлдөр Казакстанда жалпы уюмда кабыл алынган ачыктык кырдаалы жетишпей, бул өзгөчө демократиялык процесстерде байкалып жатканына да камтамачылык билдирип келишкен.

Президент Назарбаев мунун баарына жооп кылып, уюмга төрагалык кылуу укугун аларда Казакстан убада кылган реформаларды жүзөгө ашырарына ишендирди жана бул жагынан төрт милдетти аныктады. Биринчиден,кеминде эки партиядан турган парламент түзүүгө жол берген мыйзам механизми кабыл алынат. Экинчиден, саясий партияларды каттоого алуунун шарттары алда канча жеңилдетилет. Үчүнчүдөн, шайлоо процессиндеги эрежелер өркүндөтүлөт. Төртүнчүдөн, маалымат каражаттарынын ишин жөнгө салуудагы ашыкча бюрократиялык каскактар жоюлат.

Жергиликтүү байкоочулардын көбү президент белгилеген бул милдеттерди жүзөгө ашырганы жакынкы аралыкта парламент шайлоо мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизет, партиялар үчүн 5 же 4 проценттик чек белгиленет дешет. Ошондон соң азыркы бир партиялуу парламент таркатылып, жаңы шайлоо өткөрүлөт.

Бирок мындан абал өзгөрүп кетерине ишенгендер аз. Демократиялык “Азат” партиясынын баш катчысы Төлөгөн Жукеев президент жарыялаган милдеттерди уюмга төрагалык кылуу үчүн гана жасала турган кезектеги саясий будамайлоо катары баалады. Көз карандысыз эксперт Досым Сатпаев болсо парламенттин төмөнкү палатасына айрым партиялар өткөн күндө да “Нуротандын” саясий үстөмдүгү, президенттик бийликтин өктөмдүгү сакталып калат деп эсептейт.

Ошол эле учурда Назарбаев оппозициялык партияларды каттоого алууну, алардын чет жактарда баш калкалап жүргөн лидерлерине өлкөгө кайтып келгенге шарт түзүүнү биринчи кезектеги милдеттердин арасында атады. Айрым байкоочулар мындан кантсе да Казакстандагы жаңы жылыштардын жышаанын көрүп жатышат.

OSCEPAнын Астанадагы сессиясы 3-июлда аяктайт. Жарым миңден ашуун делегаттар уюмдун өлкөлөрүндөгү демократиялык процесстерден тышкары суу проблемасына, адам аткезчилигине, миграцияга тиешелүү маселелерди, Ооганстандагы абалды, Кавказдагы “жанселек” жаңжалдарга байланышкан жагдайды талкуулашат.

БОРБОР АЗИЯ АПТА ИЧИНДЕ

-Евробиримдик жана Түркмөнстан адам укуктары боюнча сүйлөшүү өткөрдү. Маселелердин кеңири чөйрөсү талкууланган жолугушуу Ашхабадда болду. Бул аралыкта " Эркин Европа/Азаттык" радиосу менен активдүү кызматташкан түркмөнстандык жарандардын бири - Сазак Дурдымурадов камалып, маалыматтарга караганда, ур-токмокко алынган. Учурда ал психикалык ооруканада кармалууда.

-Казакстанда оппозициядагы эки партия саясий реформа боюнча өз сунуштарын жарыялашты. Бул тууралуу ЕККУнун Парламенттик ассамблеясынын жыйынын утурлай айтылды. Жыйын 29-июнда Астанада башталат.

-Президент Нурсултан Назарбаевдин туулган күнү мамлекеттик майрам макамын алды. 6-июль Казакстанда борбор шаардын күнү катары эми мыйзам түрүндө бекитилди.

-Германиянын Конрад Аденаур фонду жана Евробиримдик Өзбекстанда бир милион еврого эсептелген медиа долбоорун токтотууга аргасыз болду.

Ысыккөл: Эс алуучулар агымы июлда башталат

Рита Нурмамбет кызы, Чолпоната Күндүн аптабы ысык болгону менен Ысыккөл суусу жылыбай атат. Туристтик тармакта иштегендердин айтуусунда, эс алуучулардын массалык агымы дагы июль айынан башталат. Эртелеп даярданган жеке сектордогулар бөлмөлөрү бош турганын айтууда.

Азыр мен көл суусунун жээгинде турам. Көпчүлүк адистер дагы, жергиликтүү тургандар дагы быйыл көл суусу өткөн жылдын ушул маалынан муздак болуп атканын байкашты. Чолпоната шаарындагы метеорология борбордун көзөмөлдөөчүсү Антонованын маалыматы боюнча суунун жылуулугу 16дан 18 градуска чейин болуп атат. Бул көрсөткүч өткөн жылдан 4-5 градуска төмөн. Суунун муздактыгы мөңгүлөрдүн кеч ээригени менен байланыштуу экен. Анткени быйылкы катуу шамалдар тоодогу мөңгүлөрдү катырып койгон. Секундасына 30-35 метрге жеткен бул шамал 26-декабрда Тоң районунда катталса, март айынын биринчи жумасында Ысыккөл районун дагы 20 метрлик шамал соккон. Ошондуктан 725 метр тереңдиктеги көлгө мөңгүлөрдөн куйган агым суулар өз учурунда келбесе кеч жылый турганы да аныкталган.

Ысыккөл суусунун быйылкы айырмачылыгын учурда эс алууда жүргөн чет элдиктер да байкашкан:

- Биз Алматы шаарынан келдик. Биринчи эле күнү эс алып атабыз. Бирок суу өтө муздак экен, - дейт көлгө кечирээк келсек болмок экен деген шекилигин кошумчалаган казакстандык Тамара менен Серик.

Бирок климаты суук өлкөдөн келгендер үчүн көл суусунун 15 градус жылуулугу деле жетиштүү экен:

- Бизге нормадагыдай эле. Уралдыктар үчүн сууңар жыпжылуудай, анткени бизде андан да муздак көлдөр бар. Көбүнчө Түркияга барып эс алчубуз. Кокусунан бул жолу интернет аркылуу билип калып келбедикпи. Суу, абаңар өтө мыкты экен. Бирок өкүнүчтүүсү Ысыккөл менен турфирмалардын иштебегени болуп атат, - Челябинский областтан келген ушул өңдүү туристтер эс алуу жайларга эле токтолбосо, жеке секторлорго киши келе элек:

- Менин атым Гүлжан. Азыр эртерээк го, эми 1-июлдан баштап жакшы эле болот болуш керек. Бул жерде баалар ар кандай – 250-300 сом.

Көпчүлүк талдоочулар быйыл күн эрте ысып, илеби да эрте кайтат деп эс алуу сезонунун кыйла кыскарышын болголоп атышат. Бирок ага чейин туристтерди кабыл алган жайлар суу тазалоо системасын иретке келтирүүгө буямасы келеби, жокпу азырынча белгисиз.

Ысыккөл облустук администрациясынын туристтик бөлүмүнүн башчысы Бакыт Ибраевдин айтуусунда, быйыл жалпы Ысыккөл аймагы боюнча 174 эс алуу жай иштейт, алардын 27си ачылып иштөө уруксат кагазын ала элек, төртөөндө болсо суу тазалоо системасы курулган эмес:

“Голубая бухта”, “Улан”, “Кооператор”, “Академия наук” пансионаттарда жок.

- Мурдагы башкы прокурор Абышкаевдин эс алуу жайын айтып атышты эле го, эч кимди тоготпой каалагандай иштеп атат жыл сайын деп. Бул кандай болот быйыл. Алар курдубу?

- Суу тазалоо системасын убактылуу түрдө коңшусу “Голубая бухтадан” алат, өздөрүнүкү чындыгында жок, - деди туристтик бөлүмүнүн жетекчиси Бакыт Ибраев.

Борбордук басылмалар менен туристтик агенттик июнь айында эле Ысыккөлдөгү жолдомолор сатылып бүттү деген эле. Анда жогорудагы адис айткан ачылууга даяр эмес эс алуу жайлар туристтерди өз деңгээлинде тейлей алабы. Бул суроого биз келерки уктуруубузда токтолобуз.

ЕВРОСОЮЗ ӨЗБЕКСТАНДЫ КӨЗ ЖУМДУГА САЛГАН ЖОК

Мындан үч ай мурда Евросоюз адам укуктары чөйрөсүндө Өзбекстанда айрым жылыштар байкалганын белгилеген эле. Бирок Өзбекстандын өзүнөн алынган маалыматтарда абал баштагыдан да начарлап кеткени,бийликтер эркин ойдун бардык түрүн жанча басып,басма сөзгө катаң цензура киргизип, көз карандысыз интернет- сайттарын жаап, аларга камал салып турганы айтылат. Жоон топ активисттерди түрмөдөн бошотуу тууралуу Евросоюздун талаптарын да өзбек өкмөтү таңазар алган жок. Мындай абал эки тараптын алакасына таасирин тийгизеби же ырасмий Брюссел мунун баарын бармак басты,көз кыстыга салып койобу?

Өзбекстанда укук коргоочу жана жарандык активисттерден он бир киши ар кандай мөөнөткө түрмөгө кесилип, камакта отурушат. Алардын баарын, анын ичинде 60 жаштагы Норбай Холжигитовду да Евросоюз атайын тизмеге алып, баарын абактан бошотууну Ташкенден талап кылган эле. Бирок өзбек өкмөтү буга кулак каккан жок. Болгону эки-үч кишиге гана мунапыс берилди, калгандары “террорчу” же “диний экстремист” аталып, жазасын өтөп жатышат.

Алардын ичинен Норбай Холжигитовдун абалы өтө оор экенин, кан басымы көтөрүлүп, колу-буту шал болуп калганын, абакта чогуу жаткандар аны сыртка көтөрүп чыгып, көтөрүп киргизип жатканын “Азаттыкка” ташкендик активист Абдурахман Ташанов кабарлады.

Мунун соңунан ”Азаттыктын” мурдагы кабарчысы Солижон Абрахмонов Нукус шаарында кармалып, ”наркоман” деп камалды. “Азаттыктын” өзбек редакциясында иштеген журналисттер тууралуу да жакында өкмөттүк телеканалда атайын программа көрсөтүлүп, алардын баары “өзбек мамлекетине каршы иштеп жаткандар” деп аталды жана журналисттердин өздөрүнө, бала-бакыралары менен урук-туугандарына чейин маалымат берилди.

Евросоюздун Борборазия боюнча атайын өкүлү Пьер Морел Өзбекстандагы абал көңүл сыртында калбаганына ишендирип, бул өлкөдөгү укук коргоочулар менен эркин журналисттерди, дегеле жарандык активисттерди куугунтуктоо фактыларын Брюссел бармак басты, көз кыстыга салып жатат деген ырастоолорду четке какты. “Эң эле оңойу – бул фактылар тууралуу айгай салып, эчтеме жасабай койгондо турат, -деп айтты ал “Азаттыктын” өзбек редакциясына. – Силер ойлогондой, ушундай кылса да болот.Бирок бу – биздин жол эмес. Биз талапчыл жолдобуз, бул кыйын жол, ошондуктан көңүл калган жана жарыбас натыйжаларга жетишкен учурлар аз болбойт”.

Морел Өзбекстандагы абал жакшырып кетти деп эсептегидей Евросоюз ошончолук эле “аңкоо эместигин” да кошумчалады жана бул өлкөнүн шартында ийненин көзүндөй жылт эткен жышаан деле ийгилик болорун эске салды.

Быйыл мартта Евросоюз Өзбекстанда адам укуктары чөйрөсүндө айрым жылымтыктар байкалганын белгилеп, ошол эле учурда Анжиан окуяларына байланыштуу ырасмий Ташкенге киргизген саясий санкциялар мөөнөтүн дагы алты айга узарткан.

АСТАНАДА АЯЛДАРДЫН ЭКИНЧИ ЕВРАЗИЯЛЫК САММИТИ БАШТАЛДЫ

Бүгүн (25-июнда) Астанада Аялдардын экинчи евразиялык саммити өз ишин баштады. Заманбап коомдо аялдардын ролун талкуулоо үчүн саммитке бейөкмөт, саясий жана ишкерлер уюмунан төрт жүздөн ашуун аялдар катышууда. Бул жылы саммит “Алакадан прогресске” аттуу темада өтүп жатат.

Мунавар Палташева – Казакстандын Ишкер аялдар форумунун жетекчиси. “Азаттык” үналгысынын казак кызматына берген маегинде Мунавар Палташева бул саммитти өткөрүү үчүн Астана шаарынын тандалып алынышы туура чечим болгонун айтты. Себеби Казакстан негизинен мусулман өлкө деп эсептелгени менен, бул өлкөдө аялдар мусулман аялдары тууралуу калыптанып калган түшүнүктөргө көп деле ылайык келе бербейт.

- Биздин аялдар сырдуу. Бирок сырдуу деп жакшы мааниде айтып жатам. Биздин аялдар бетин жаап жүрбөйт.

Мунавар айым Астанада өтүп жаткан бул саммит алардын коомдогу жаңы ролун табууга жардам берерин кошумчалады.

- Менин баамымда, бул саммит казакстандык аялдардын жогорку деңгээлин далилдеп турат. Казак аялдары жөндөмдүү, активдүү. Алар жакшы жубай жана эне гана эмес, мыкты жетекчи дагы боло алышат.

Казакстанда дагы Борбордук Азиядагы башка өлкөлөрдөгүдөй эле гендер маселеси курч турат. Маселен, казак өкмөтүндө бир гана жетекчи аял бар. Ал – адилет министри Загипа Валиева. Ал эми казак парламентинин 107 орундуу Төмөнкү палатасынын 17 оруну гана аялдарга тийген.

Астанада бүгүн башталган саммитке Орусия, АКШ, Германия, Британия, Латвия, Кыргызстан, Өзбекстан, Казакстан жана башка өлкөлөрдүн өкүлдөрү катышууда. Алгачкы саммит дагы Астанада мындан эки жыл мурун Казакстандын Маданият жана маалымат министрлигинин демилгеси менен өткөн.

Раушан Сарсембаева – Ишкер аялдар ассоциациясынын президенти. Анын айтымында, аялдардын көрөңгөсүн күнүмдүк турмушта байма-бай колдонуп, аялдарды бизнеске тартуу зарыл. Ал эми Алматыдагы Феминисттер Лигасынын президенти Евгения Козыреванын баамында, ишкерлер чөйрөсүндө аялдардын саны дагы эле төмөнкү деңгээлде.

- Азыр бардыгы кыйналып турган мезгил. Албетте ишкер аялдардын дагы бир катар көйгөйлөрү бар. Бирок аялдардын жүгү бардык замандарда эле оор болуп келген. Себеби бизде аялдардын ири бизнеси жок. Көп суммадагы акча аралашкан бизнести эркектер көзөмөлдөйт. Ал эми аялдардын ишкерчилиги өтө эле чакан.

Саммиттин катышуучулары ишкер аялдардын жашоосун бир аз дагы болсо жеңилдетүү мүдөөсүн көздөйт. Бул жолугушууда саясатта жана ишкерлер чөйрөсүндө аялдардын ролун арттыруу маселеси байма-бай талкууланары күтүлүүдө.

ТҮРКМӨНСТАНДА ЭРКИН ЖУРНАЛИСТТЕРДИН ООЗУН ЖАБУУ АРАКЕТТЕРИ ЖАН КЕЙИТКЕН ЧЕККЕ ЖЕТТИ

Кубат Чекиров, Прага Түркмөнстандын бийликтери соңку убакта сөз эркиндиги үчүн куугунтуктап, басмырлоону дагы күчөтүштү. Европалык Биримдиктин Ашгабатта түркмөн бийликтери менен адам укуктар маселеси боюнча жолугушуулары болор алдында кармап- камоолор, коркутуп- үркүтүүлөр мурдагыдан бешбетер күчөгүнүн атуулдук активисттер жана көз каранды эмес журналисттер, анын ичинде Азаттык/Эркин Европа үналгысынын кабарчылары дагы билдиришүүдө.

Европа Биримдиги менен Түркмөнстандын ортосунда адам укуктары боюнча биринчи жолку сүйлөшүүлөр шейшембиде Ашгабатта башталды. Укук коргоочулар адам укуктарын басмырлоо Түркмөнстанда азыркы президент Гурбангулы Бердимухамедовдун тушунда күндө болуучу кадимки көрүнүш экенин эскертүүдө.

Дүйшөмбүдө Amnesty International уюму дүйнө өлкөлөрүндөгү адам укуктарынын абалы жөнүндө жылдык баяндамасын жарыя кылган. Анда
Түркмөнстанда адам укуктарын байма-бай бузуулар орун алып келе жатканы жана Бердимухамеддовдун бийлигинин адам укуктарын коргоо боюнча убадасына карабастан полиция, коопсуздук жана башка өкмөт органдары эч кимди тоотпой адам укуктарын басмырлоону улантып келе жатышканы баса белгиленген.

Ошондой эле көз каранды эмес журналисттер, анын ичинде Азаттык/Эркин Европа үналгысынын журналисттери да алардын оозун басуу аракеттери да мурдагыдан күчөгөнүн айтышууда. Ушундай кейиштүү көрүнүштөр жөнүндө «Адам укуктары үчүн түркмөн демилгеси» деп аталган Венада жайгашкан уюмдун өкүлдөрү да билдиришти.

Аталган уюм 23-июнда таркаткан билдирүүсүндө «коомдук активисттер, журналисттер жана башка айрым эркиндикти сүйгөн адамдарды куугунтуктоолор токтой элек, ал түгүл кармап-камоо чаралары мурдагыдан бетер күч алды» деп айтылат. Бул уюмдун өкүлү тартип коргоо органдары "Азаттыктын" түркмөн кызматынын кабарчыларынын артынан түшүп алганын баса белгиледи.

"Куугунтуктоо ыкмасы катары алар кабарчылардын телефонун өчүрүү менен гана чектелбей, алардын өздөрүн гана эмес, ал түгүл туугандарын жана балдарын ачык эле коркутуп үркүтүүгө алып жатышат",- деп айтты «Адам укугу үчүн түркмөн демилгеси» уюмунун өкүлү.

Азаттык/Эркин Европа үналгысынын Түркмөнстандагы кабарчылары аларга каршы айрыкча соңку учурда коркутуп-үркүтүүлөр, куугунтуктоолор күчөп кеткенин өздөрү дагы айтышууда. Азаттыктын кабарчысы Осман Халлиев өткөн жумадан бери бийликтегилердин буйругу менен үй камагында отурганын айтып берди.

«Алар мага расмий түрдө айтышпаса дагы мен иш жүзүндө үй камагында отургандай болдум. Менин уюлдук телефонумду өчүрүп салышты. Алар менин үйүмдүү 24 саат бою туш тарабынан байкап көз салып турушту. Мен үйдөн чыксам алар артыман түшүп алышты. Арасында полиция кызматкерлери дагы жүрдү. Кырдаал саат сайын жаман жагына кетип баратат. Ал түгүл менин неберелерим дагы сыртка чыккандан, бала бакчага баргандан коркуп жатышат»,-деди Халлиев.

Халлиев ошондой эле анын 23 жашар баласы Үмүт өткөн жумада дүйнөлүк тилдер институтундагы окуусунан чыгарылып салганын айтты. Окуу жайдын жетекчилиги мурда анын баласына атасы Азаттык/Эркин Европа менен кызматташтыгын токтотушу керек экенин бир нече жолу эскертип айтышкан экен.

«Азаттык» менен байма-бай иштешип келаткан Сазак Дурдымурадов болсо 21-июндан бери дайынсыз болуп жатып, шейшембиде гана анын каякта экени маалым болду. Анын туугандарынын айтымында, полиция Дурдымурадовду Бахардендеги убактылуу жайда кармап келген экен. 24-июнда анын аялы абакка кирип кабарчыга жолуга алды. Туугандарынын айтымында, оболу Сазак Дурдымурадовду 20-июнда Безмейн шаарындагы психиатриялык ооруканага жеткиришкен. Көрсө, Сазак Дурдымурадовду ооруканадан кайра алып кетип, өзү турган Бахарден шаарчасында убактылуу камап салышкан экен.

Amnesty International уюму адам укуктарын сактоо боюнча эл аралык милдеттенмелерин аткарууга түркмөн бийлигин ийге келтирүү үчүн Европалык Биримдикти чечкиндөө чара көрүүгө чакырууда.

ТҮРКМӨНСТАН: ЖҮЗДӨН АШУУН ҮЙБҮЛӨ КҮЧ МЕНЕН КӨЧҮРҮЛҮҮДӨ

Түркмөнстанда жүздөн ашуун үйбүлө түркмөн-өзбек чегарасынын жанындагы үй-жайын таштап, өлкөнүн башка бөлүгүнө күч менен көчүрүлүп жатат. Алардын айрымдары “Азаттык” үналгысынын түркмөн кызматы менен байланышып, чөлгө жакын аймакка көчүрүлүп жатышына байланыштуу эч кандай түшүндүрмө дагы, акчалай компенсация дагы алалбай жатышканын айтышкан.

Түркмөнстандын түндүгүндөгү Дашогуз облусундагы Ниязов районунун тургуну “Азаттык” үналгысынын түркмөн кызматына кабар жөнөтүп, үй-жайын таштоого мажбур болуп жатканын айткан.

Кат жазган угармандын айтымында, Ниязов, Түркмөнбашы, Губада, Гороглы райондорунун бир катар тургундары буга чейин жашаган үй-жайынан күч менен чыгарылып, өлкөнүн башка аймагына көчүрүлүп жатат. “Дашогуз облусунун бийлик өкүлдөрү жергиликтүү айрым тургундарга сентябрга чейин мөөнөт беришти. Алар сентябрдан кийин бул үйлөргө жарык жана көгүлтүр от берүү токтотулаарын айтышкан”, деп жазат “Азаттык” үналгысынын угарманы.

Ушул жана башка угармандардан келип түшкөн кабарларга ылайык, турак-жайын таштап көчүүгө аргасыз болгон тургундардын эч бири компенсация алган эмес. Ал эми жергиликтүү бийлик өкүлдөрү болсо, жаңы үйлөр даяр болгонго чейин айрым тургундарга эски мектепте жана маданий борбордо убактылуу баш калкалап турууну сунуш кылган.

Үналгы менен байланышкан дагы бир угарман айыл тургундарынын жергиликтүү башкарманын орунбасары менен болгон жолугушуусу тууралуу кабарлады. Анын айтымында, үй-жайын таштап башка жакка көчүүгө мажбур болгондор акчалай компенсация сурап келгенде тартип коргоо кызматкерлери аларды коркутуп-үркүткөн. Болгарияда негизделген Адам укугу боюнча Түркмөнстан Хельсинки корунун жетекчиси Тажигүл Бегмедованын айтымында, бийлик өкүлдөрүнүн мындай иш-аракеттери мыйзамсыз:

- Түркмөндөрдү отурукташкан жеринен башка жакка көчүрүү - бул мыйзамдарды жана адам укугун бузуу болуп эсептелет. Бул эл аралык укукка дагы каршы келет. Менин жеке баамымда, бул эки жүздүү саясат.

Кабарларга ылайык, Дашогуз облусунун көпчүлүк тургундарын өлкөнүн түндүк-чыгышындагы Рухубелент аттуу жаңы районго көчүрүп жатышат. Буга байланыштуу президент Гурбангулы Бердимухаммедовдун буйругу өткөн жылы март айында чыккан.

Өкмөттүн интернет сайтындагы маалыматка караганда март айынан бери Рухубелент районуна ай сайын жүздөн ашуун үйбүлө көчүрүлүп жатат. Аталган райондун губернатору Сапаргелди Жумаевдин айтымында, район негизделгенден бери ал жерге 2 миңден ашуун үйбүлө көчүп келген.

Түркмөнстандын бийликчил массалык маалымат каражаттары Рухубелент районунда жер абдан көп деп мактаганы менен ал жакта аба-ырайы тез өзгөрүлүп тургандыктан көпчүлүк адамдар жер которууну каалабайт. Өкмөттүк басма сөз каражаттарынын жазганына караганда райондук администрациянын, Улуттук коопсуздук министрлигинин жергиликтүү бөлүмүнүн жана соода борборунун имараттары октябрь айында даяр болгон. Бирок мектеп толугу менен курулуп бүтө элек жана газ, суу, жарык азырынча жок.

“Азаттык” үналгысынын түркмөн кызматына кайрылгандар өкмөт чөлдүн ортосуна көчүргөнү менен эч ким аларга акчалай компенсация бербегенин айтышкан. Аларга 50 миллион түркмөн манаты, же 3 миң 300 доллар насыя сунуш кылынган. Дашогуз облусунун тургундарына калкты көчүрүүгө байланыштуу толук юридикалык түшүндүрмө берилген эмес. Аларга мыйзамга ылайык, өзбек чегарасынын аймагындагы 500 метр аралыктагы аймак толугу менен бошотулушу керек деп гана айтылган.

Советтер союзунда дагы мурда эч ким жашабаган аймактарга элди отурукташтыруу тажрыйбасы кеңири жайылып, бийликчил басма сөз каражаттары муну “адамзаттын жаратылышты багындырганы” катары сүрөттөчү. 2002-жылы ошол кездеги түркмөн президенти Сапармурат Ниязов элдерди Дашогуз, Лебап жана Ахал облустарына көчүрүү тууралуу буйрук чыгарган. Расмий бийлик бул кадамды өлкөнүн чөл аймагын өнүктүрүү максаты менен түшүндүгөн.

Эски советтик тажырыйбага ылайык, мындай ыкма түркмөн өкмөтүн сындаган диссиденттерге каршы багытталган. Маселен, Тажигүл Бегмедованын 77 жаштагы атасы Сазак Бегмедов 2003-жылы Ашхабаттан Дашогуз облусуна күч менен көчүрүлгөн. Бегмедов президент Ниязовго каршы чыгып, натыйжада Ашхабаттан күч менен көчүрүлгөндөрдүн бири болгон.

Анын аралыгында адамдарды күч менен көчүрүү тууралуу кабар Евробиримдик менен түркмөн бийлигинин ортосундагы адам укугунун абалы тууралуу 24-июнда Ашхабаттагы сүйлөшүүлөрүнүн алдында келди.

Адам укугун коргоо боюнча Эмнести Интернешнл уюму (Amnesty International) кечээ Евробиримдикке кайрылып, адам укугун коргоодо түркмөн бийлигине таасир этүүнү өтүндү.

Венадагы дагы бир адам укугун коргоо боюнча топтун билдирүүсүндө Түркмөнстанда бул багытта абалдын начардыгын белгиленет.

Адам укугун коргоо боюнча Түркмөнстан Хельсинки фондунун жетекчиси Бегмедова түркмөн калкын өз укугун коргоого үндөдү:

- Бул кырдаалдан чыгуунун жалгыз жолу – жарандар өз укугун коргоону үйрөнүшү керек. Алар чет өлкөлөрдөн, эл аралык уюмдардан, же айталы “Азаттык” үналгысынан жардам күтпөшү керек. Алар Башмыйзамда көрсөтүлгөн укуктарын талап кылышы керек.

ТАЖИК ЖӨӨТТӨРҮ ЖАЛГЫЗ СЫЙЫНУУЧУ ЖАЙЫНАН АЙРЫЛЫШТЫ

Тажикстандын байыркы жөөттөр жамааты Дүйшөмбү шаарынын чок борборунда жайгашкан жалгыз синагогадан ажырады. Тажик бийликтери синагоганы жана анын жанындагы эски имараттарды бузуп, алардын ордуна дагы бир президенттик сарай курууну чечти.

Дөйшөмбү шаарындагы акыркы синагоганы өткөн аптада талкалоо менен байыркы жөөт жамааты сыйына турган жалгыз имаратынан ажырап, отуруп калды. Бир кабаттуу имарат шаардын чок ортосунда жайгашкандыктан тажик бийликтери ал жерде Улуттар сарайы деген аталыштагы ажайып бир кооз президенттик комплекс курууга киришти. Президенттик сарайдын ичинде сейил бактар жана фонтандар абдан көп болору маалымдалды.

Шаардагы жүздөн ашуун жөөттөр бул таатканада диний жөрөлгөлөрдү жана коомдук-маданий иш-чараларды өткөрүп келген. Улгайган жана жакыр жөөттөрдүн көбү синагогада бекер тамактанып алар эле.

Жөөттөр жамаатына шаардан оолак жерде жаңы тааткана куруу үчүн жер бөлүп бергени менен курулуш үчүн бардык чыгымды жөөттөрдүн өздөрү төлөмөй болду. Бирок жамааттын мүчөлөрү алыскы аймакта жаңы синагога куруу үчүн мүмкүнчүлүгү чектелүү экенин айтышууда.

Дүйшөмбү шаардык администрациясынын 100 жылдык тарыхы бар синагоганы бузуп, анын ордуна башка имараттарды куруу демилгеси көптөн бери кызуу талаштарды жаратып келген эле. 2005-жылдан бери ошол жердеги имараттарды бузуунун натыйжасында жүздөгөн адамдар үй-жайсыз калды.

2006-жылдын февраль айында синагоганын алгачкы бөлүктөрүн урата башташкан. Бирок регионалдык, эл аралык жөөт топторунун жана ЮНЕСКО өңдүү абройлуу уюмдардын кысымы алдында ибадаткананы бузуу иштери создуктурулуп келген.

Бирок ушул жылдын башында Дүйшөмбү шаарынын бийлик өкүлдөрү имаратты бошотпогону үчүн жөөт жамаатынын лидерлерин сотко берди. Дүйшөмбү шаарындагы талашка түшкөн тааткананын раввинин өкүлү Давид Киселков апелляциалык сот жергиликтүү бийликтин пайдасына чечим чыгарды деди:

- Райондук жана шаардык сот болду. Бирок алар синагоганы бузуу керек деген чечим чыгарып жатышты. Шаардык апелляциалык сот дагы баштапкы чечимди өзгөрткөн жок. Сот чечими ошол бойдон калды – синагоганы бузуу керек.

1900-жылдардын башында Дүйшөмбү шаарында жөөттөрдүн эки мааласы болгон. Советтер союзунун доорунда, 1952-жылы жер өкмөттүн менчигине берилген. Натыйжада жөөт жамаатына храмдын имаратын колдонууга уруксат берилгени менен жер дале өкмөттүн менчиги бойдон кала берген.

Тажкистанда жөөттөр 2 миң жылдан бери жашап келет. Борбордук Азиянын башкы раввини Эйб Давид Гуревичтин “Азаттык” үналгысынын орус кызматына берген маалыматына ылайык, Советтер союзу ураардын алдында Тажикстанда 15 миңге жакын жөөт жашачу. Бирок кийин алардын көбү Израил жана батыш өлкөлөрүнө кетип калган.

Ушул тапта Тажикстанда болжол менен миңге жакын жөөт жашайт. Алардын айтымында, Дүйшөмбү шаарындагы акыркы синагога алар үчүн тарыхый мааниге ээ болчу. Буга карабастан, Дүйшөмбү шаарындагы көпчүлүк жөөттөр тажик бийликтери жаңы ибадаткана үчүн ыңгайлуу жер жана керектүү акча каражатын таап береринен үмүтүн үзбөй келет.

УКУК КОРГООЧУЛАР ДИНИЙ УЮМДАР ЖӨНҮНДӨ ЖАҢЫ МЫЙЗАМГА КАРШЫ

Кубат Чекиров, Прага Казакстанда укук коргоочулар дин эркиндиги жана диний уюмдар жөнүндө мыйзам жарандардын укуктарын чектейт деп тынчсызданышууда. Шейшемби күнү чогулган укук коргоочулар ушундай маанидеги билдирүү менен чыгышты. Мыйзамдын авторлору өз кезегинде айтылган сын дооматтарды негизсиз деп четке кагып жатышат.

11-июнда парламент депутаттары кабыл алган "Казакстандагы дин эркиндиги жана диний уюмдар тууралуу" мыйзамга киргизилген өзгзртүүлөргө бир катар укук коргоочулар каршы пикирлерин билдиришти. Укук коргоочу Евгений Жовтис аталган мыйзам жобосу жарандардын жана диний уюмдардын укуктарын чектейт деп баса белгиледи.

"Казакстан ЕККУ уюмуна 2010-жылы жетекчилик кылайын деп отурса да аталган уюм коюп отурган талаптарды орундатууга ниет кылбай жатат. Парламенттин төмөнкү палатасы кабыл алган бул мыйзам жобосун кабылдоо Казакстандын ЕККУнун алдындагы милдеттерин аткаруу жолунан карама каршы жолго түшкөнүн, ал түгүл биз кол койгон бардык эл аралык декларациялардан баш тартканын көрсөтөт»,-деп айтты Е.Жовтис.

Алматы-Хелсинки комитетинин төрайымы Нинель Фокинанын айтымында аталган мыйзам жобосунда ойго салган шектенүүлөр оголе көп:

«Алардын көбү Казакстан Конституциясы менен эл аралык документтерге каршы. Маселен, мыйзам жобосуна ылайык, расмий катттодон баш тарткан диний уюмдарда сизге ошол топтон сырткары үгүт жүргүзүүгө тыюу салынат. Сизге үй-жай жалдоого жана анда жыйналыш өткөрүүгө тыюу салынат. Сизге ал түгүл кайрымдуулук чарасын өткөрүүгө тыюу салынат".

Анткен менен аталган мыйзамдык жобонун авторлорунун бири парламент мажилисинин депутаты Берик Бекжанов бул айтылган сын пикирлерди негиздүү эмес деп четке кагууда.

«Биздин оюбузча бул адам укуктарын чектебейт. Кайра адам укуктарын коргоого багытталган мыйзам жобосу. Анын негизги максаты да ошол. Элибизди катталып жашап аткан диний уюмдар ушул мыйзамдын чегинде иштеши керек. Биз Казакстан Республикасында жашап жаткандыктан ошол элдин жарандары катарында баарыбыздын укуктарыбыз менен милдеттерибиз бар. Бул мыйзам жобосун эл аралык стандартка шайкеш келбейт деп айтууга болбойт»,- деди Берик Бекжанов.

Жалпы улуттук социал-демократиялык партиянын төрага орун басары Амүржан Косанов диний эркиндик маселесин бийлик алдыдагы боло турган шайлоонун көз карашынан алып карап жатат деген пикирин билдирди.

«Маселен, Казакстан мусулмандарынын башчысын дайындаган кадимки коомдук уюмдун жыйналышында президент аппаратынын жетекчиси менен ошол кездеги министр кошо отурду. Бул деген Конституцияны бузуу. Дин эркиндиги маселесине бийлик жарандардын диний эркиндигинин көз карашынан эмес өзүнө керектүү дүрбүдөн карап отурат»,-деди Aмүржан Косанов.

Оппозициядагы партиялардын өкүлдөрү Казакстан бийлиги жарандардын диний эркиндигин гана эмес, 2010-жылы өзү төрагалык кыла турган ЕККУ уюмунун да мындан башка талаптарын аткарбай жатат деген сындарын айтышууда.

Статистикалык маалыматтар боюнча азыркы убакта Казакстанда төрт миңге жакын диний уюм катталган. Анын эки миңден ашыгыраагы исламдык, калганы христиандык уюмдар.

ТАЖИКСТАН: ТООЛУУ БАДАХШАНДА КЫРДААЛ КУРЧУП БАРАТАТ

Кубат Чекиров, Прага Тажикстандын алыскы чыгышындагы Памир аймагындагы Тоолуу Бадахшанда жергиликтүү лидерлер менен өкмөттүн ортосундагы чыңалган мамиле улам курчуган мүнөзгө өтүп баратат. Калк сейрек отурукташкан аймактын жашоочулары бир топ апта бою тамак-ашка баанын кымбатташына каршы арыз-дооматтарын билдирип жатышкан. Каршылык жыйындарын басуу үчүн бул жакка өкмөттүк аскерлер кошумча тартылганы жөнүндө кабардан кийин нааразылык жыйындар мурдагыдан бетер күч алды.

Азиянын тоолуу өлкөсүнүн эң алыскы бурчунда соңку учурда кырдаал кыйындап баратат. 18-июнда беш жүздөн ашык адам Тоолуу Бадахшан автономиялуу областынын борбору Хорогдогу акимияттын имаратынын алдына чогулуп, жергиликтүү лидерлерди кармоо үчүн бийлик аскерлерин жибергени жөнүндө кабарга кабатырлануу билдиришти. Ал жерге келгендердин арасынан бир аял эмне максат менен келген себебин мындайчы түшүндүрдү.

«Мен өкмөттүк аскерлер бул жерге келди деп уктум. Мен эки баланын энесимин, мен кан төгүлүшүн жана энелердин кайрадан кара кийишин каалабайм. Биз бул жерге согушка жол бербөө үчүн чогулдук. Бул жакка аскерлер эмне максат менен келди. Ошону түшүндүрүп беришсин, Эгер бизге ушуну айтышса биз тынч гана тарап кетебиз. Биз башка эчтекени каалабайбыз.»

Тоолуу Бадахшан Тажикстандын аймагынын дээрлик тең жарымына тете жерди ээлейт, деңиз деңгээлинен бир нече миң метр жогору жайгашкан. Ал жакта жашаган жарым миллиондой калктын басымдуу бөлүгү Агахандын жолун жолдогон исмаилиттер. Өлкөдө басымдуу калкы негизинен суниттер болгондуктан, алар Тажикстандын саясатынан абдан эле обочолонуп калышкан.

Бадахшан 1992-97 жылдары болгон атуулдук согушта ар кандай куралдуу топтордон кыйла жапа чеккен. Атуулдук согуш Тажикстанда жүз миңдей адамдын өмүрүн алган. Согуш токтогондон кийин бул аймактын калкы өз арбайын өзү согуп жашап келген. Бирок сонку учурда бир нече апта бою алар зарыл керектүү товарларга баанын жогорулашына, отун суунун тартыштыгына нааразылык билдирип чыгышкан. Бул жерден алар борбордук бийликтин ашкере кийлигишип жатканына да кабатыр болуп жатышкан.

Жергиликтүү оппозициячыл лидерлер кымбатчылык саясаты үчүн өкмөттү сындап чыгышкан. Оппозициядагы Социал-демократиялык партия дагы бул нааразылык чараларын колдоого алды.

Социал-демократтардын бул жактагы канатынын башчысы Алим Шерзаманов Хорогго жүздөгөн өкмөттүк аскерлер келгени жөнүндө кабарды алгачкылардан болуп тараткандардын бири. Эмки айда бул жакка президент Эмомали Рахмондун келиши да күтүлүп жаткан.

Мурдагы айда Күлөп аймагында да ушундай нааразылык жыйыны күч менен таркатылган болчу. Май айында Тажик өкмөтү баңги зат соодасы менен алектенгендерди кармап келүү талабы менен аталган аймакка аскер жиберген. Аскерлер Күлөптө жергиликтүү лидерди кармоого аракет кылышып, кармашуу маалында бир нече адам кайтыш болгон.

Бадахшанда жашаган эл эми аларга да каршы өкмөт ушундай күч колдонот деп санааркап турушат. Бадахшандагы өкмөттүн эн чоң төрөсү Касым Кадырдын үй бүлөсүн шашылыш түрдө борбор шаарга алып чыгып кеткени жөнүндө кабар эл арасын ого бетер дүрбөттү.

Нааразылык чарасына келгендердин бири Сабзали Мамадризаев автономиялуу аймактын башчысы үй бүлөсүн Дүйшөмбүгө алып чыгып кеткенине кандай себеп болгонуна таң калууда.

«Эгер бул жакта баары тынч болсо анда эмне үчүн ал үй бүлөсүн көчүрүп жиберди. Ал элге эчтеке айткан жок. Эмне үчүн бизге эчтеке айтпай жатышканынын себеби билгибиз келет».

Бийлик өкүлдөрү кошумча тартылган өкмөттүк аскерлер кайра кайтарыла турганын айтып убада кылышкандан кийин гана нааразылык чарасына келгендер тарап кетишти. Бирок эгер бул убада аткарылбаса алар эки күндөн кийин кайра демонстрацияга чыга тургандыктарын эскертишти.

ТҮРКМӨН УЛУТТУК КИЙИМИ ОРУСИЯНЫН МОДА ДҮЙНӨСҮН БАГЫНДЫРУУДА

Аида Касымалиева, Прага Жакында Орусиянын белгилүү модельери Вячеслав Зайцев күнүмдүк жашоодо кийилчү кийим-кечектердин жаңы коллекциясын элге тартуулады. Эң кызыгы, Зайцевдин көйнөктөрүн карап, түркмөндөрдүн улуттук кийминин элементтерин көрсө болот. Бирок бул заманбап көйнөктөрдү түркмөн аялдары өздөрү кие албайт көрүнөт. Түркмөн кыз-келиндери --> http://www.azattyk.org/rubrics/politics/ky/2008/04/2D2C4260-D712-46EA-8790-635D46663EB8.asp дагы да болсо мектептерге жана жумушка салттык улуттук кийимчен гана барат.

Ушул айда Ашхабатта болуп кайткан Зайцев түркмөндөрдүн улуттук кийим-кечесинен укмуштай таасирленгенин жана анын кийинки коллекциясы ушул элдин улуттук кийиминдеги оймолорго жана башка өзгөчөлүктөргө негизделээрин айткан эле.

Орусиянын айтылуу кийим дизайнери Түркмөнстанга Кездеме көргөзмөсүнө катышуу үчүн барган. Зайцев жаңы көйнөктөрдү күнүмдүк жашоодо кийүүгө болоорун, алар жалаң түркмөн пахтасынан даярдала турганын да ырастаган. Белгилүү модельер өз кыялын түркмөн саймасы да катуу таасирленткенин айтты.

Бирок кызыгы, Москвада мындай “өзгөчөлүү” кийимдерге кардарлар арбын табылаары анык, бирок Түркмөнстандын өзүндө болсо, тескерисинче, бул заманбап кийим-кечектерге эч кайсы айымдын көңүлү түшпөйт сыяктанат. Анткени салт катары дээрлик жер чийгендей чубалжыган узун көйнөкчөн жана улуттук баш кийимчен - “тахыячан” жүргөн түркмөн аялдары Зайцевдин кыска жана ачык көйнөктөрүн дээрлик эч жакка даап кийе алышпайт.

Түркмөнстандын мектептериндеги кыздардын униформасы дээрлик толугу менен улуттук кийимге негизделген. Ачык жашыл түс аралашкан, тизеден ылдый түшкөн көйнөктөр сайма менен кооздолгон. Уландардын да, кыздардын да улуттук тебетей - тахыя кийиши абзел.

Фарид Тухбатулин Вена шаарында «Түркмөндөрдүн демилгечи тобу» аттуу уюмду жетектейт. Анын баамында, жаштар, айрыкча башка улуттагылар мектепке түркмөн улуттук кийимин кийип баргылары келишпейт. Дегеле дүйнөдөн кайткан президент Сапармурат Ниязовдун бул жардыгына каршы чыккандар көп. Деген менен учурда жогорку окуу жайларда болобу, мектептерде болобу, кыскасы коомдук жайларда кыз-келиндер улуттук кийимчен жүрүшү дагы деле өзгөчө талап кылынган эрежеге жатат.

- Бардык университеттерде, мектептерде, кесиптик окуу жайларда атүгүл түркмөн эмес жаштар да улуттук кийим кийүүгө аргасыз. Бул эреже жаңыдан эле киргизилип жатканда макул болбогондорду стипендия бербейбиз, окуудан кетиребиз деп коркутушкан. Мына ушундай ыкмалар менен студенттер улуттук кийим кийүүгө мажбур болушкан.

Мындай мектеп униформасынын баасын көпчүлүк үйбүлөлөр көтөрө да алышпайт деп кошумчалады Фарид Тухбатулин.

Чет өлкөлүктөрдү таң калтырганы, Түркмөнстандын көчөлөрүндө көпчүлүк аялдар улуттук кийимчен жүрүшөт.

Кээ бирөөлөр муну мурдагы президенттин Түркмөнстанды дүйнөдөн обочо кармоо саясатына байланыштырышат. Эгемендиктин жылдары түркмөндөрдүн көпчүлүгү чет өлкөгө ээн-эркин чыгып, башка элдер кандай кийингенин көрүшкөн эмес. Ал арада Түркмөнстан да чет элдик конокторду көп сандап кабыл албайт болчу. Көз карандысыз интернет баракчаларына тыюу салынган бул Борбор Азия өлкөсүндө модага арналган журналдарды көрүү мүмкүнчүлүгү да чектелген болчу.

Бирок ошого карабастан, түркмөн аялдарынын бир даары улуттук кийимди өздөрү эле тандаганын, аны менен сыймыктанаарын билдиришкен.

Түркмөн аялдарынын улуттук кийими ачык түстөрү, кооз саймалары менен белгилүү. Кызыл, кырмызы, сары – өлкөдөгү айымдар ушул түстөрдү жакшы көрүшөт. Ал эми көйнөктүн жакасы жана жеңи кызыл же алтын түстүү жиптер менен жасалгаланат.

Түркмөн аялдары кооз кийингенди да жакшы билишет жана буга абдан аракеттенишет. Айрым түркмөн эркектер тамашалап, айымдар акыркы акчасын тамакка короткондон көрө, көйнөктөргө сарптаарын да айтып күлүп калышат.

Ал эми Ашгабаттын модачыл айымдары акыркы кездери өздөрүнүн өзгөчө стилин ойлоп табышты. Алар улуттук кийимди Европанын элементтери менен жуурулуштуруп тигип кийинишет. Мурда кенен болгон түркмөн көйнөгү азыр белинен кынаптала баштаган – бул да кызык жаңылык. Көйнөктүн жеңи да кыскарып, моюн жагы саал ачыгыраак боло баштаганы байкалат.

Бирок түркмөн аялдарынын улуттук кийимине негизделип ойлоп табылган Зайцевдин заманбап көйнөктөрү жакын арада Түркмөнстанга оңой менен келе койбойт дешет байкоочулар. Себеби Түркмөнстанда дагы деле болсо аялдын эмне кийээрин өкмөт чечет эмеспи.

ТАШКЕН «ОЗОДЛИКТИН» ЖУРНАЛИСТТЕРИН КОРКУТУП ҮРКҮТҮҮГӨ ӨТТҮ

Кубат Чекиров, Прага Адам укуктарын жана басма сөз эркиндигин коргоочулар, көз каранды эмес саясатчылар Өзбекстандын өкмөттүк сыналгысында Эркин Европа-Азаттык үналгысынын өзбек кызматы тууралуу өткөн аптада обого чыгарылган берүүнү кескин сынга алышууда. Берүүдө өзбек кызматынын кабарчыларына каршы коркутуп-үркүтүү, кыйыр сес көрсөтүү камтылган. Серепчилер бул берүүнү эркин басма сөзгө каршы кезектеги «террор» катары баалашууда.

Өзбек сыналгысы көрсөткөн бул бир сааттык берүүдө Эркин Европа-Азаттык үналгысынын Озодлик радиосунун, башкача айтканда өзбек кызматынын жамааты кескин сынга алынган. Өзбек кызматында иштеген кесиптештерибиз бул берүүдө мамлекеттик кызыкчылыктарга каршы иш-аракет жүргүзүп жатат деп айыпталган. Андан тышкары берүүдө бир катар өзбек журналисттердин жана алардын жакындарынын чоо жайы, үй адреси, паспорт даректери сыяктуу маалыматтар кеңири айтылган.

2005-жылы 13-майдагы Анжиян кыргынынан соң Озодлик радиосунун Ташкендеги бюросу жабылып, анда иштеген бир катар кабарчылар ушул тапта Прага шаарында иштөөдө.

Эларалык Кризис тобунун басма сөз жаатындагы бөлүм директору Эндрю Стролайн бул берүү тууралуу тынчсыздануусун жашырган жок.

-Бул абдан кооптондурган окуя. Бул сыналгы каналдары коопсуздук кызматтары менен тыгыз байланышта экендиги маалым. Былтыр Алишер Саипов аттуу башка бир журналистти дагы алар кабдан катуу сындашкан. Ошондон кийин аны өлтүрүп кетишпедиби,- дейт укук коргоочу.

Алишер Саипов былтыр октябрь айында Ош шаарында өлтүрүлгөн. 26-жашында өмүрү кыйылган бул журналист эркин гезиттин редактору болчу жана Озодлик радиосуна, андан соң «Америка Добушунун» өзбек кызматына маал-маалы менен кабар берип турган. Саиповдун гезитинде Ислам Каримовдун авторитардык режими кескин сынга алынып келген.

Озодлик радиосу тууралуу жаманатты кылган берүү Өзбекстандын аймактык үч сыналгы каналында 9-10-июнда көрсөтүлдү. Ташкенде жашаган эркин журналист Абдурахман Ташанов бул берүүнү жалпы эле эркиндикти сүйгөн өзбектерге каршы багытталган деп сыпаттайт:

-Бул берүү – демократтарга жана журналисттерге каршы жасалган террор, алардын өкмөттүн көз карашын колдобогондугу, ага каршы тургандыгы үчүн жасалып аткан саясий террор. Мамлекет мындай саясатын эгемендик жылдарынын башынан тарта эле жүргүзүп келатат. Эми бул саясатты ого бетер күчөтүүдө. Эми ал маалымат согушуна айланды. Бул саясатты режим өзүн сактап калуу учун жүргүзүүдө. Себеби Азаттыктан, БиБиСиден жана башка чет элдик маалымат карааттарынан чыккан демократиячыл үндөр өзбек өкмөтү үчүн түйшүк жаратууда,- дейт Ташанов.

Өзбек өкмөттүк сыналгы каналдарынын бул берүүсүн Эркин Европа-Азаттык үналгысынын президенти Жефри Гедмин «биздин журналистттерибизди коркунучка кириптер кылууга түздөн-түз жана атайылап жасалган аракет»,-деп сынга алды.

Өткөн аптада өзбек бийлиги Азаттыктын мурдагы кабарчысы укук коргоочу Салижан Абдурахмановду камакка алды. Ага өкмөткө каршы иш аракет жүргүздү деген айып тагылууда. Өткөн аптада өзбек полициясы Азаттыктын дагы бир мурдагы кабарчысы Насыр Закировду камакка алган. Закиров 2005-жылы Анжиян кыргынын алгачкылардан болуп чагылдырган журналистердин бири болуп саналат.

Сүрөттө: Анжиян окуяларынан бир көрүнүш

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG