Линктер

бейшемби, 18-июль, 2019 Бишкек убактысы 00:30

Борбор Азия

Обаманын Борбор Азия саясаты өзгөрөбү?

Дүйнөнүн миллиондогон адамдары АКШнын жаңы президенти Барак Обаманын ант берүү салтанатын кунт коюп, сыналгыдан көрүштү. Ошону менен катар алар Барак Обама тушунда АКШнын тышкы саясаты кандай өзгөрөт деп күтүшүүдө. Бул Борбор Азия элдерине да тийиштүү.

Көпчүлүк серепчилер 48 жаштагы Барак Обаманын Ак Үйгө келүүсү менен 20-январга чейин мурдакы президент Жорж Буш жүргүзгөн саясат өзгөрөт деп күтүшөт. Мындай үмүттөнүүгө дээрлик эки жылга жакын созулган президенттик шайлоо өнөктүгү учурунда демократ Барак Обама айткан сөздөр да түрткү берүүдө.

Бирок АКШнын тышкы жана ички саясаты бир адамга эмес, бийликтеги партияга да таандык. Ошон үчүн, АКШнын тышкы жана Борбор Азия саясатында чөң өзгөрүүлөр болбойт деген да талдоочулар бар.

Казакстандык серепчи Берик Абдигалиевдин да ою ушундай:

- Менин оюмча, АКШнын президенти алмашканы менен, өлкөнүн сырткы саясаты өзгөрбөйт, Борбор Азия саясатында үлкөн өзгөрүштөр болбоо керек. Ал эми Иран, Ирак, Россия же согуш жүрүп жаткан аймактарга байланыштуу катнашында ар качан өзгөрүүлөр болушу мүмкүн. Бирок чоң өзгөрүү болору күмөн. Себеби АКШ дайыма улуттук мүдөөсүн биринчи орунга коет. Кайсы партияны албайлы, кайсы президент болсун, ал тышкы келбетине, түсүнө карабастан, эң алды өлкөнүн пайдасын ойлошот. Ырас, Демократтык партия Республикачылар партиясына караганда адам укугу, сөз эркиндиги сыяктуу демократиялык баалуулуктарга артыкча маани беришип, көп көңүл бурушат. Ошон үчүн, аларда демократиялык принциптерге байланыштуу талаптары болушу этимал. Деген менен да, ал тышкы саясатта чоң өзгөрүүгө алып барбайт деп ойлойм.

Түркмөн жазуучусу Кудайберди Халлыев башка пикирде. Анын айтымында, демократтар республикачыларга салыштырганда демократиялык баалуулуктарга көп маани беришет. Ошон үчүн Барак Обама бийликте турган алдыдагы төрт жылда АКШнын саясатында орчун өзгөрүүлөр болорун түркмөнстандыктар да сезишет деп үмүт кылат:

- Албетте, өзгөрүүлөр болот деп ойлойм. Анткени Барак Обама жетик жана чечкиндүү саясатчы. Ал Демократиялык партиянын өкүлү. Түркмөнстан үчүн адам укуктарын жакшыртуу, демократиялык баалуулуктарды жайылтуу зарурат нерсе. Акыйкаттан эле, 1990-жылдардын башында, Борбор Азия өлкөлөрү, анын ичинде Түркмөнстан эгемендик алганда, Ак Үйдө республикачылар отурчу. Алар постсоветтик өлкөлөрдүн күнкорсуздугун таануу жана элчиликтерди ачуу менен чектелген. Ал эми демократ-президент Билл Клинтон кезинде АКШ демократияны колдоп, мурдакы советтик өлкөлөр үчүн пайдалуу болду. Азыр да бийликке Демпартия келди. Ошон үчүн АКШ Борбор Азия өлкөлөрүндө демократиялык баалуулуктардын өсүүсүнө оң таасир этет деп ишенем.

Кай Эйде: Саясый диалог - Ооганстандагы тынчтыкка ачкыч

Улуттар Уюмунун башкатчысынын атайын чабараманы Кай Эйде

Ооганстандагы азыркы жагдай кайсы нукта өнүгүүдө? Президент Хамид Карзайдын талиптер менен элдешүү демилгесин БУУ колдойбу? Ооганстанда тынчтыкка жетишүү үчүн аскерге таянуу керекпи же саясаткабы? «Азаттыктын» бул суроолоруна тажрыйбалуу норвегиялык дипломат, Улуттар Уюмунун башкатчысынын атайын чабараманы Кай Эйде жооп берет.

«Азаттык»: Сиздин оюнузча, Ооганстан туура багытта баратабы?

Кай Эйде: Эч кимибиз коопсуздук жана экономика жаатындагы ооручулуктарга жетерлик маани бербей жатабыз. Бул эки багытта биз алга баратабыз. Ооганстандын коопсуздук күчтөрү күн сайын, ай сайын кубаттанууда. Экономиканын өзөгү болгон айыл чарбасын өнүктүрүүгө көп күч жумшалууда.

«Азаттык»: Сиздин каршылыгыңызга жана жарандар арасындагы чыгымдардан качуу үчүн эларалык күчтөрдүн тактикасын өзгөртүү аракетиңизге карабай, аскерий тактикада өзгөрүү байкалбайт. Мисалы, жакында коалициянын аба чабуулунан Лагман провинциясынын чыгышында бир нече жаран набыт болду. Сиздин пикириңизче, тактикалык өзгөрүү качан болот?

Кай Эйде: Азыр бу маселеге аскерлер көп көңүл бурууда. Натыйжага жетүү үчүн убакыт керек. Анын натыйжасын жакында көрөбүз. Себеби кошумча дагы 20 миң, 30 миң аскер келүүдө. Алар өз милдетин жакшы билишет. Алар камакка алууда, үйлөрдү тинтүүдө кылдат болуп, эл ичиндеги чыгымга жол бербөөгө тийиш.

«Азаттык»: Сиз жакында бир интервьюда АКШнын жаңы президенти Барак Обамага Ооганстандагы стратегияны өзгөртүү жөнүндөгү чакырыктарга каршы туруңуз деп кеңеш бердиңиз. Муну кандай түшүнсө болот?

Кай Эйде: Менин оюмча, бизде стратегиябыз бар. Маселе, аны аткарбай жатканыбызда болууда деп айтаар элем. Экономика, айыл чарбасы сыяктуу маанилүү тармактарда оң жылыштарды көрүүдөмүн. Ошон үчүн жаңы стратегияны талкуулап, убакытты кетирүүнү каалабайм. Биз белгиленген ишти аткарганга, акчаны туура пайдаланганга, эларалык күчтөрдүн жүрүм-турумуна көңүл бурушубуз абзел. Мунун ооган эли көрсүн. Стратегияны кеңири талкуулагандан элдин жашоосу жакшырбайт.

«Азаттык»: Сиз ооган өкмөтүнүн талиптер менен сүйлөшүү жана элдешүү боюнча жакында жасаган демилгесин колдойсузбу?

Кай Эйде: Ооба. Элдешүү маанилүү экенине ишенем. Аскер күчтөрү маанилүү жана зарыл экенин эчен ирет айткам. Бирок саясат баарына жол тапкандыктан, мен элдешүүнү колдойм. Президент Карзай айткандай, элдешүүнүн негизинде конституция туруш керек. Бул жараянга катышууну каалагандар конституцияны кабыл алып, урматтоого тийиш. Алар куралын таштоосу шарт. Алар «ал-Каидадан» алыстоого тийиш. Алар коомго тынч кошулганга даяр болушу абзел. Ооганстандагы негизги саясый оюнчуларда бул маселеде мунаса болушу керек. Консенсус - элдешүүнүн чыр-чатаксыз өтүүсүн камсыздайт, өлкөгө тынчтык жана туруктуулук алып келиши мүмкүн. Мен саясый жараяндын ишке ашуусуна абдан кызыкдармын.

«Азаттык»: Ырахмат маегиңизге!

Ташкендин чогоолдугу Москваны да чочулатат

Россиянын президенти Дмитрий Медведевдин бүгүн Ташкенде эки күндүк мамлекеттик визити башталат. Кремлде бул сапардын жүрүшүндө эки өлкөнүн ортосундагы өнөктөштүктүн стратегиялык мүнөзү тастыктала турганына ишенишет.

Анжияндагы окуялардан соң Батыштын катуу басымына кабылганда ырасмий Ташкен бир кезде өзү чанып чыгып кеткен регионалдык бирикмелерге – Евразия экономикалык жамаатташтыгына, Коллективдүү коопсуздук келишим уюмуна кайра кирген. АКШнын Ханабаддагы аскер-аба базасын жапкан, Россияны өзүнүн стратегиялык өнөктөшү жана союздашы деп атаган.

Евросоюз Өзбекстанга жарыялаган санкцияларын өткөн жылы күздө жеңилдеткен соң Ташкендин эски дымагы кайра козголду. Жыл этегине жакын ЕврАзЭстин мүчөлүгүнөн чыкканын билдирди, калган бирикмелерге тийип-качып катышып калды.

Бир катар байкоочулар президент Ислам Каримовдун тышкы саясатын ийреңдеген жыландын изине салыштырышат. Коңшулары менен да анчейин ымаласы жоктугун айтышып, анын чогоол мүнөзүн белгилешет. Аймактагы башка бирикмелерден чыкса да Өзбекстан Шанхай кызматташтык уюмунан чыкпайт деп ишенгендер бар. Бул уюмда Кытай үстөмдүк кылгандардын бири, Өзбекстанга ал технологиялык жана инвестициялык көп ресурстарды бере баштады, дагы берет. Анын үстүнө Пекин өзбектердин газына кызыкдар.

Азыркы финансылык кризистин шартында бул жагынан Россия Өзбекстанга анча деле көп нерсе убада кыла албайт. Ушул себептен улам Ташкен кайрадан Батыш картасын ойноону чечкен сыяктанат.

Орус думасынын депутаты Константин Затулин президент Медведев өз сапарында баарыдан мурда стратегиялык өнөк катары Өзбекстанга кайсы тармактарда жана канчалык өлчөмдө ишенсе болорун тактаганга аракет кылат деп болжолдойт. “Батыш Европа менен Өзбекстандын алакалары нормалдашканын Москва түпкүлүгүндө кубаттайт. Ошол эле учурда бул Россия үчүн оңтойсуз болмок, анткени стратегиялык өнөктөштүк алакасы үчүнчү бир өлкөлөр менен болгон мамилеге байланып, ошого багыныңкы абалга коюлуп калат”.

Лондондогу Chatham House аналитикалык борборунун эксперти Жеймс Никсей Ташкен бийликтери террорго каршы согушта Батыш менен кайрадан кызматташканга активдүү кыяптанып жатканы менен Өзбекстандын позициясы такай өзгөрүлүп турарын баары билип калганын белгиледи. Айрыкча америкалыктар Карши-Ханабаддан кантип чыгып кеткенин эске алганда,алар мындай кызматташтыкка экинчи ирет барары күмөн. Андан көрө алар башка жолдорду издешет.

Ал эми “Лукойл” компаниясынын Өзбекстанда чоң кызыкчылыгы бар. Компаниянын өкүлү Владимир Симаков “Лукойл” үчүн Өзбекстанды стратегиялык маанидеги аймак деп атап, бул өлкөдө анын бир нече ири долбоорлору,баары болуп үч миллиард долларга жакын инвестициясы бар экенин ырастады.

Ал ошондой эле Медведев менен Каримов газ проблемасын да талкуулаша турганын бышыктады.

Калган башка маселелерде алардын көзмө-көз отуруп сүйлөшкөн сөздөрү коомчулукка баары бир белгисиз бойдон калары калетсиз.

Гуантанамодогу өзбек туткундун таржымалы

Барак Обама АКШ президентинин кызматына расмий киришкенден бир нече сааттан кийин эле Гуантанамодогу талаштуу түрмөнү жабууга багытталган биринчи кадамды жасады. Эгер Гуантанамо түрмөсү чындап жабылса, ал жерде отургандарды кай жакка жөнөтүү керек деген маселе чыгат.

Өзбекстандын Наманган облусунун тургуну, отуз жаштагы Айбек Жаббаровдун (Ойбек Жаббаров) Гуантанамодон бошоосуна Пентагон мындан эки жылдай мурда уруксат берген. Бирок саламаттыгы начар Жаббаров азыр деле жашоосун зарыгып, камакта өткөрүүдө.

Террорго тиешеси бардыгы үчүн айыпталган Жаббаров соттолгон эмес, ошол эле учурда АКШ өкмөтүнө да дооматы, ачуусу жоктой. Аны бекер коргоп жаткан америкалык адвокаты Майкл Моундун (Michael Mone) айтымында, Жаббаров былтыр октябрда өз колу менен жазган катында "мен Американын элин алардын өкмөтүнүн катасы үчүн айыптабайм, азыр да түрмөдө экендигиме карабай жүрөгүмдө жек көрүү сезими жок", - деп белгилейт.

Барак Обама АКШ президентинин кызматына расмий киришкенден бир нече сааттан кийин эле террорго тиешеси бардыгы үчүн шектелгендердин айрымдарынын иши Гуантанамодо, аскерий комиссияларда каралуусун төрт айга токтото турууну сунуш кылды. Бул мезгил президент жана жаңы администрация аскерий комиссиялардын иштөө жараянын кайра кароого мүмкүнчүлүк алуусу үчүн керек.
АКШнын жаңы президенти эми биринчи кадамынын артынан экинчисин жасап, Гуантанамону жабууга барса, өзбек Жаббаров менен бирге ал жердеги 248 киши туннелдин артындагы жарыкты көрө алат.

Бирок бул жети жылга жакын убакыттан бери сотсуз отурган өзбек Жаббаров үчүн мекенине кайтуу дегенди билдирбейт. Анын адвокаты Майкл Моун да кардарын Өзбекстанга кайтарууга такыр болбойт деп эсептейт. Анын айтымында, 2002-жылдын соңунда Өзбекстандын коопсуздук кызматынын адамдары Жаббаровду суракка алуу үчүн Гуантанамого чакыртылган:

- Бир жолу ага көптөгөн сүрөттөрдү көргөзүшүп, ошол сүрөттөрдөгү адамдардын кимдир - бирөөсүн тааныр-тааныбасын сурашкан. Ал тааный албай койгондо, өзбектердин бири столду катуу муштап, "качан сен Өзбекстанга кайтканда буларды билесиң",- деп ачууланган. Айбек мындан эгер ал Өзбекстанга кайтса, алар каалаган көрсөтмөсүн алмайынча кыйноого алышарын түшүндү.

Айбек Жаббаров - Гуантанамодон бошонуусуна уруксат берилген, бирок мекени кабыл алуудан баш тарткан же барса катаал мамилеге кабылуусу мүмкүн 50дөй адамдын бири. Буштун администрациясы аларга башпаанек берүүнү 100дөй өлкөдөн өтүнгөн, бирок бири да оң жооп берген эмес.

Мунун бир нече жүйөөсү бар. Ал өлкөлөрдүн көбү Гуантанамо түрмөсүнө башынан каршы болгон. Андыктан ошол жерде отуруп чыккандарды кайра Вашингтондон колунан өткөрүп алуусу - саясий жактан сезимтал маселе.

Ошондой эле АКШ кайрылган өлкөлөрдө Гуантанамодон акталган адамдарга башпаанек берүү коопсуздук жагынан тобокелчилик эмеспи деген да талкуулар болгон. Пентагон өткөн аптада жарыялаган баяндамадагы маалыматка караганда, Гуантанамодо кармалып, койо берилгендердин 61и кайра уруш талаасына кайтышканы айтылат.

Анткен менен АКШда жаңы бийликтин кызматка киришүүсүн утурлай Португалия жана Европанын айрым өлкөлөрү Гуантанамодон чыккандарга башпаанек берүүгө даяр экенин ишара кылышты.

Айбек Жаббаровдун таржымалында болсо агы да, карасы да бар.

Адвокатынын айтымында, ал Өзбекстан Ислам кыймылынын Тажикстанда жайгашкан, 1999-жылдын соңунда Ооганстанга өткөн согушкерлери жана катардагы жактоочулары арасында болгон. Тажикстанга мекенинен иниси менен бирге келген.

Ооганстанга балким Өзбекстан Ислам кыймылынын мүчөлөрү менен бирге өткөндүр, бирок Өзбекстандын аймагына жортуул жасоо үчүн кайра Тажикстанга тез эле кайтып келген көпчүлүк согушкерлерден айрымаланып, Ооганстанда калып калган. 2001-жылы АКШ баштаган коалициянын күчтөрү Ооганстанга басып кирген кезде, үй-бүлөсү менен Мазар-и-Шарифте жашап, мал сатып оокат кылуучу.

2001-жылдын ноябрында ал Кабулдун чет жакасынан ошол кездеги Түндүк Альянстын аскерлерине кабылып, алар Мазар-и-Шарифке ала кетүүнү убада кылышкан. Бирок, тескерисинче, Жаббаровду америкалык аскерлерге өткөрүп беришкен, адвокат Моундун айтымында, балким акчалай сыйлыкка алмашышкан.

Иши кылып адвокат Моун белгилегендей, Жаббаров туура эмес учурда, туура эмес жерде болуп калган. Гуантанамодогулардын 95%ы сыяктуу эле анда курал болгон эмес, америкалык күчтөр эмес, жергиликтүүлөр тарабынан кармалган. "Америкалык тарап Жаббаров" эч ким эмес" экенин тез эле билүүсү керек эле, тескерисинче 2002-жылы июнда Гуантанамого жөнөтүлгөн",- дейт адвокат Майкл Моунн,

АКШнын өкмөтү Жаббаровду азыр деле "душмандын согушкери" деп мүнөздөйт.

2007-жылы анын статусу кайра каралганда, Жаббаровго кандайдыр бир кылмышты такпаганы менен АКШ өкмөтү аны Талибанды жана "ал-Каиданы" колдогону, Өзбекстан ислам кыймылынын мүчөсү экенин моюнга алганы, анын лагеринде машыгуудан өткөнү, АКШ жана анын өнөктөштөрүнө каршы аскерий операцияларга катышканы үчүн айыптаган. Бирок Жаббаров өзүн күнөөсүз деп эсептеп келүүдө. Адвокат Майкл Моунн буларды айтат:

- Өкмөт ага каршы жашыруун далилдерин мен деле көрдүм. Мен ага ал жашыруун маалыматтар эмне тууралуу экенин айта албаганым менен сизге айта алам. Менин оюмча бул - тамаша, толугу менен тамаша. Юридикалык окуу жайдын сотто практикадан өтүп жаткан биринчи курстагы студенти да мамлекеттик айыптоочунун аргасын кетирмек.

Жаш экенине карабай Жаббаровдун саламаттыгы начар. 2007-жылы омурткасына жасалган операция ийгиликсиз болуп, нервине доо кеткен. Майыптардын коляскасына отуруп калган эле, бирок жакындан бери бир аз оңолду. Жубайы, эки уулунун дайын-дарегин билбейт.

Абактан чыгаруу жөнүндөгү буйруктан бери эки жыл өтсө да, тырнактай камерада тыгылууда. Башкаларды кээде гана көрөт. Кайтаруучулар тандаган убакта сыртка күнүнө эки саатка гана чыгат.

Исмаил Кочкаровдун өлүмү изилденеби, же?..

Өлкө коомчулугунун алдында Кыргызстандагы карачайлар ассоциациясынын төрагасы Исмаил Кочкаровдун өлүмүн кылдат изилдөө милдети пайда болду.

Исмаил Кочкаровдун өлүмүн иликтөө боюнча биринчилерден болуп кечээ, 21-январь күнү Кыргызстандын Акыйкатчысы атайын комиссия түздү. Акыйкатчынын орунбасары Мамат Момуновдун айтуусунда, Исмаил Кочкаров №1 СИЗОдон Петровкада жайгашкан №8 түзөтүү колониясына которулар замат өлтүрүлгөндүгүнүн өзүндө да тактап-тастыктай турган жагдай бар. Анткени, ал которулаар замат өлтүрүлө тургандыгы боюнча маалымат мурдатан эле бар экен.

Коомчулукта Исмаил Кочкаров бир кездеги уюшкан кылмыш тобунун “аталыгы” Рысбек Акматбаевдин жакын санаалаштарынан болгондугу үчүн өлтүрүлгөндүгү арбын айтылууда. Ал тургай аны кылмыш тобунун азыркы “аталыгы” Камчы Көлбаев мурдараак эле өлтүрүлсүн деп буйрук берип койгондугу, андай буйрук кылмыш дүйнөсүндө аткарылбай калбастыгы жөнүндө да айрым гезиттер саймедиреди.

Кыргызстандагы мусулмандар биримдигинин теңтөрагасы Турсунбай Бакир уулу болсо Исмаил Кочкаровдун өлүмүн башкачараак өңүттөн карайт:

- Кээ-биркилер айтып атат, бул кылмышкерлердин “разборкасы”, келишпестиги деп. Мен айтаар элем, мунун себеби - өзүнүн саясий ишмердүүлүгүндө, бизнесинде. 2005-жылдын мартынан бери көп эле өлүмдөр болбодубу. Муну да мен ошолордун эле катарындагы бир өлүм деп эсептеймин.

Акыйкатчынын орунбасары Мамат Момунов Исмаил Кочкаровдун сөөгүнүн Кавказга алынып кеткендигин күтүүсүз окуя катары сыпаттаса, Кыргызстандагы мусулмандар биримдигинин теңтөрагасы Турсунбай Бакир уулу жасаттын Кавказга алынып кетишинен өзүнчө чоң маанини – алардын Кыргызстандын бийлигине, прокуратура, сот, укук коргоочуларына ишенбестигин көрөт.

Кыргыз Республикасынын адилет министри Нурлан Турсункулов өзүнүн буйругу менен жаза өтөөчү жайлар боюнча башкы башкармалыктын башчысы Калыбек Назбеков баштаган үч кызматкерин дароо кызматтан алды. Албетте, анын негизги себеби - Исмаил Кочкаровдун абакта өлтүрүлүшү экендиги айтпаса да белгилүү.

Жогорку Кеңеш депутаты Ибрагим Жунусов бул чечимге карата оң баа берет. Милдеттерин так аткара алышпаса – мындан да тез алмаштырып турууну жөн көрөт. Ошол эле кезде Ибрагим Жунусов Исмаил Кочкаровдун өлүмүнө байланыштуу маселеден Жогорку Кеңеш да кыйгап өтпөстүгүн, эртеңби-бүрсүгүнүбү, парламент трибунасынан сөз айтыларын эскертти.

Исмаил Кочкаровду абакта жаткан Талгат Сыдыков жана Илхом Базарбаев дегендер өлтүрүптүр деген божомолду “Московский комсомолец” гезити жазып чыкты.


Азия элдери АКШ президентинен эмнелерди күтөт?

АКШда Барак Обама өлкөнүн 44-президенти катары ант берип, кызматына киришти. Сиз жана сиздин өлкө Барак Обамадан жана америкалык жаңы администрациядан эмнени күтөт, эмнеге үмүттөнөт? "Азаттык жана Эркин Европа" радиосунун берүүлөрү тараган аймакта биздин кабарчылар ушундай суроо менен жергиликтүү саясатчыларга, эксперттерге кайрылды.

Доктор Уадир Сафи - Кабул университетинин укук жана саясий илимдер боюнча профессору, Ооганстан:

- Кошмо Штаттар сыяктуу держава, өзгөчө Буштун администрациясы жана анын өнөктөштөрү терорго каршы согушта мерчемделген максаттарга жетишкен жок. Обама мырза бул фактыдан кабардар. Бул Ооганстандын эли Обама мырзадан жана АКШнын жаңы жетекчилигинен аскерий, экономикалык, саясий чөйрөдө, анын ичинде Ооганстандын бийлигинде өзгөрүүлөрдү күтөт дегенди туюндурат.

Эгер АКШнын аскерий операцияларында, экономикалык жардамында жана ооган бийлигинде олутуу өзгөрүү болбосо, Кошмо Штаттар ийгиликке жете албайт, эл аралык коомчулук пайда таппайт. Оогандар көбүрөөк жабыр тартат. Анткени бул аймакта олуттуу өзгөрүү болмоюнча, коопсуздук орнотулбайт.

Фатиме Ракеи - реформачыл саясатчы, парламенттин мурдагы мүчөсү, Иран:

-Обаманын бийликке келиши менен АКШнын айрым өкмөттөр менен мамилесинде орун алган терең түшүнбөстүк токтойт, бери дегенде жумшарат деп күтүлүүдө. АКШ өкмөтү демократия тууралуу айтып жатат жана демократияны бүткүл дүйнөгө жайылтууда өз ролун ойной алат. Иранга карата карата мамиле кылууда ал миңдеген жылдык цивилизациясы, жаркыраган маданияты жана аймакка таасир көргөзө ала турган чоң саясий кубаты бар экенин эске алуусу керек. Ал Иран тууралуу Буш жана акылы аныкындай адамдар жараткан көз -карашка эмес, жогорудагы фактыларга негизденип, дипломатиялык сүйлөшүүлөрдү баштоосу абзел.

Илгар Маммадов - саясат таанучу, Азербайжан:

- Мен АКШнын жаңы администрациясы биздин аймакта, Азербайжанда эле эмес, Арменияда, Грузияда, бүткүл Түштүк Кавказда демократиянын маселелерирне көбүрөөк көңүл бурат деп күтөм. Анткени демократия - аймакты өзгөртө ала турган, биздин элдерге тынчтык жана стабилдүүлүк алып келе ала турган жалгыз баалуулук. Узак убакыттан бери бул баалуулук АКШнын Азербайжанга карата саясатында эске алынган жок жана экинчи орундагы маселе болуп келди.

Жусупбек Коргасбек, журналист, Казакстан:

- Америка душмандарын демократияга чакыра баштаган кезде, өнүгүп келе жаткан өлкөлөр демократиядан чоочуп, бизге мунун кажети барбы, анткени демократиялык өлкөлөрдүн өзүндө адилетсиздик орун алат турбайбы деген пикир жарала баштайт. Андыктан Барак Обама баштаган демократиялык күчтөр демократияга адал кызмат кылат деп ойлойм. АКШ сыяктуу улуу державанын демократиянын баалуулуктарына адилет мамиле жасоосу, өнүгүп келе жаткан өлкөлөр ушул багытка түшүүсүнө чоң таасир берет.

Роза Отунбаева, Жогорку Кеңештин депутаты, Кыргызстан:

- Обама тышкы саясатында Американын такыр эле төмөндөп кеткен беделин көтөрүүгө чоң аракет жасайт. Ирактагы согушту бүтүргөнгө, Ооганстан менен бир жаңсыл болууга багытталган чоң кадамдарга баруусу керек. Өкүнүчтүүсү Обама президенттикке дүйнөлүк кризис учурунда келип жаткандыктан, ресурстары чектелүү болот. Анткени тышкы саясат дегениңиз чоң ресурстарды талап кылат. Мурунку администрациянын каталарын жокко чыгарып, согуштарды аяктаса, дүйнөдөгү саясий климатка чоң салым болот. Бул - бүткүл дүйнө үчүн абдан маанилүү. Мындан сырткары Хиллари Клинтон келип жатат. Клинтондун мурдагы администрациясынын салттары улантылат деп ишенем.

Мирхасим Госманов, тарыхчы, профессор, Татарстан:

- Эгер биздин мүдөөбүзгө (автономия тууралуу) тилектештик билдирсе эле, ушунун өзү пайдалуу болот. Биздин көз карандысыз болуу аракетибиз - Орусиядан бөлүнүп, башка жакка учуу же айга көчүп кетүү же Орусияны талкалоо эмес. Биздин аракетибиз - дүйнөдө көптөгөн ийгиликтүү өрнөктөрү бар, нормалдуу автономияга умтулуу. Мен Америкада болгон өзгөрүүлөрү бир үлүшү болсо да биздин элге келүүсүн каалайм.

АКШ-Борбор Азия алакалары бекемделеби?

Эрик МакГлинчи - АКШдагы Ж.Мейсон Университетинин профессору, Борбор Азия боюнча адис, саясат таануучу Эрик МакГлинчиге "Азаттыктын" АКШдагы кабарчысы жаңы шайланган президент Барак Обаманын саясатына жана АКШ-Борбор Азия алакаларына байланыштуу бир катар суроолор менен кайрылды.

- Профессор МакГлинчи, АКШнын аксап турган экономикасын ондоого жаңы шайланган президент менен анын өкмөтү канчалык денгеелде дарамети жетет?

- Экономика тууралуу айтсам, кризис эми мындан ары терендебейт деген ишенимдебиз, ошол эле учурда балким жагдай дагы оорлошобу деген кооптонуу дагы бар. Тилекке жараша, жаңы шайланган президент өз командасы менен кандайдыр бир чараларды көрүп жатат - кечээ жакында бөлүнгөн 700 миллиард доллар өлчөмүндөгү каржылык колдоо экономика жаатына оң таасир тийгизет деп ишенем. Учурда бул кризиске баа берүү, алдын ала бир нерсе айтуу кыйын. Анткен себебим, соңку учурда биз күтпөгөн, мурда байкалбаган суроолор келип чыкты. Уолл-Стриттеги баш-аламандык, банктарда насыя берүүдөгү толгон-токой проблемаларды биз мурда күткөн да, андаган да эмеспиз. Бул биз үчүн күтүлбөгөн нерсе (сюрприз) болду десем болот. Дагы эң кооптонгон нерсе, балким ушул сыяктуу дагы күтүлбөгөн эмне чыга калат деген суроо.

- Жаңы шайланган президент учун Жорж Буштан мураска Ирак согушу, анын кесепетинен АКШнын солгундап калган эл аралык аброюн көтөрүү милдети калды. Ушул жоопкерчиликти өлкөнүн жаңы жетекчилиги канчалык денгеелде көтөрө алат деп ойлойсуз?

- Мен бул багытта "кеменин" жолун өзгөртүү алда-канча женилирээк болот деп ойлойм. Буштун саясаты өзүн далилдеп болду жана ал мындан ары улантылбайт. Бул баарына белгилүү. Азыр эл аралык коомчулук, дүйнө Барак Обамага чоң ишеним менен карап турат. Барак Обама - жаңыча ойлонгон жаңы адам. Ал бардык өлкөлөрдүн лидерлери менен сүйлөшүүгө, кызматташууга ынтызар. Мурдагы өкмөт болсо дайым эле дипломатиялык жол менен эмес, кээде кайсы бир тараптар үчүн "муштум" көрсөтүп "алга" деген ыкманы колдонуп койгону белгилүү. Ал эми келе турган өкмөт болсо эл аралык денгээлде интеллектуалдык саясат жүргүзөт деп ишенем.

- Эми кепти АКШ-Борбор Азия алакаларына бурсак. Борбор Азия чөлкөмү Ооганстанды эске алганда АКШ үчүн маанилуу аймак экендиги белгилүү да. Ооганстан туралуу жаңы шайланган президент дагы баса белгилеп айтып келет. Жаңы өкмөттун бул багыттагы саясаты кандай болот деп ойлойсуз?

- Менин оюмча, акыркы төрт жылда АКШ Борбор Азия тууралуу кайсы бир денгээлде унутуп калгандай. Барак Обаманын өкмөтү Ооганстанда активдүү ишмердүүлүк жүргүзүү туyралуу стратегияны карманууда, Борбор Азия мамлекеттинин жардамысыз Ооганстанда тынчтык орнотуу мүмкүн эмес. Бул нерсени эске алсак, демек АКШ менен Борбор Азия мамлекеттеринин ортосундагы мамиле бекемделет деп айтууга негиз бар.

- Ошол эле учурда Борбор Азия өлкө жетекчилеринин жаңы шайланган президент жана анын өкмөтунө мамилеси кандай болушу мумкун? Же АКШ дагы деле убактылуу кызыкчылыктарды көздөйт деген көз караш өзгөрбөстөн кала береби?

- Эгерде Барак Обаманын өкмөтү Борбор Азиядагы абалды объективдүү баалап, бул өлкөлөрдүн сясатында азырынча мүмкүн болбогон чоң өзгөрүүлөрдү дароо эле күтпөсө, анда Борбор Азиялык лидерлер дагы мындай кадамды туура баалайт дагы кызматташуу өз ара түшүнүү нугунда болот деп айта алам. Жаңылбасам мурдагы президенттер Клинтон дагы, Буш дагы бул өлкөлөрдө тез арада абдан чоң өзгөрүүлөрдү күтүшкөн, ал тургай айрым мүмкүн болбогон өзгөрүүлөрдүн болушун күтүшкөн. Тилекке каршы, Борбор Азия өлкөлөрүнүн саясаты андай тез өзгөрүүлөргө ийкемдүү эмес экендигин кордук, ал тургай бул өлкөлөрдө адамдар алмашса дагы баштагыдай эле саясат улана берээрин көрүп жатабыз.

- Адамдар деп өлкө президенттерин, жетекчилигин айтып жатасыз да?

- Ооба, ал тургай өлкөнун президенти алмашса деле, мурдaгы эски саясат дал ошол багытта эле уланып жатпайбы. Буга Тажикистан, Түркмөнстан, Кыргызстан мисал боло алат. Мисалы азыр Кыргызстандын президенти Бакиев мурдагы Акаевге окшобогону менен өлкө саясатын жүргүзүүдө баягы эле ыкмалар колдонулууда. Болгону эле президенттин үй-бүлө мүчөлөрү, байланыштары эле башка болгону болбосо.

Барак Обама болсо ушул сыяктуу өзгөчөлүктөрдү Клинтонго, Бушка салыштырганда жакшы түшүнөт десек болот. Мындай нерселерди эске алуу менен АКШнын жаңы жетекчилиги Борбор Азия мамлекеттеринен ашыкча нерсeлерди талап кылып, же дароо эле чоң өзгөрүүлөрдү күтпөсө өлкөлөр ортосундагы байланыш терендейт.

- Сиз Кыргызстанды жакшы билген изилдөөчү катары АКШнын жаңы өкмөтүнүн Кыргызстанга карата саясаты кандай болушу керек деп ойлойсуз?

- АКШ үчүн Кыргызстан Борбор Азия өлкөлөрүнүн ичинен көбүрөөк либералдаштырылган өлкө катары белгилүү жана америкалык жаңы жекекчилик мындан ары дагы ушул жааттагы өнүктүрүү программаларын колдоосун уланта берет. Мисалы "Миллениум чакырыктары" программасы жана aнын алкагында Кыргызстандын сот системсын реформалоо, мыйзамдуулуктун кол тийбестигине жетишүү багытында.

- Профессор мырза, эми Кыргызстандын өзүндө болуп жаткан өзгөрүүлөргө да токтолсок. Өлкөдөгу соңку өзгөрүүлөргө кандай баа бересиз?

- Кыргызcтан тууралуу сөз кылсак, мени учурдагы экономикалык туңгуюк абалы тынчсыздандырат. Ооба, кыргыздар абдан чыдамкай калк, ошол эле учурда чыдамдуулуктун чеги да түгөнүшү мүмкүн. Биз мындай абалга төрт жыл мурда (2005-жыл, март окуясы -авт.) күбө болгонбуз. Мен жеке бул жыл Кыргызстанда абдан активдүү окуялардын мезгили болот деп ойлойм, айрыкча оппозиция тарабынан. Өткөн жыл дээрлик тынч өтсө бул жыл көп окуяларга бай жыл болот го деп ойлойм.

- Сиз мындай окуялардын болушун серепчилер белгилеп жаткан өлкөдөгү адам укуктарынын, сөз эркиндигинин начарлашы, коррупциянын күчөшүнө негиздеп жатасызбы?

- Жеке эле алар эмес, Гүлайым. Азыр борбор кала Бишкекте 10 сааттан жарык жок. Мурда, ооба, кээде газ жок болуп калчу, кээде Караколдо жарык өчүп калчу. Азыр болсо эми Ташкенден кымбат баага келген газды жөнөкөй эл кантип сатып алып пайдаланат...?

- Жогорудагы факторлор 2005-жылдагы "Жоогазын ынкылабынын" кайталанышына түрткү бербейби?

- Кайсы гана саясат таануучудан сурабаңыз, ыңкылаптын болоор-болбосун алдын ала айтуу мүмкүн эмес экендигин айтат. Ооба, ыңкылапка алып келчү факторлор бар, ал эми чынын айтсак мындай факторлор Кыргызстанда дайым эле болуп келген. Ал эми качан ыңкылап болоорун алдын-ала айтуу өтө кыйын.

Казакстанда "Азаттыктын" кабарчысы токмоктолду

Ермек Болтай

Казакстанда "Азаттык жана Эркин Европа" үналгысынын казак кызматынын кабарчысы жана мультимедиа редактору Ермек Болтай катуу токмок жеди. Окуя ушул жекшембинин кечинде Алматыда, журналист жашаган үйдүн жанында болгон. Жарандык коомдун өкүлдөрү акыркы кездери өлкөдө көз карандысыз калемгерлерге карата кысым күчөгөнүн белгилешүүдө.

Ермек Болтайдын өзүнүн айтымында, ага кечки саат 21лерде үйүнүн жанынан жолун торгон беш белгисиз жигит кол салган. Оболу тамеки жана акча сурашкан соң, жакалап башташкан. Журналист каршылык көргөзүп, жакалагандардын бирин тоголото койгондо, калгандары артынан эки ирээт бөтөлкө менен башка урушкан.

Ал соккудан соң эстен тана түшкөн журналисти жерде тепкилешкен. Кесиптешибиз кыйла убакыттан кийин гана эсине келип, үйүнө жете алган. Ермек Болтайдын айтымында, таң калыштуусу сыртынан хулигандай көрүнгөн жаш жигитттер, анын колундагы буюмдарынан, чөнтөгүндөгү акчасынан эч нерсе алышкан эмес. Бирок башында алар өзүлөрүн тоноочудай көргөзүшкөн эле.

Дарыгерлер токмок жеген журналисттин абалын "орто оор" деп баалашты. Журналист дүйшөмбү күнү Аламатынын Ауэзов райондук ички иштер бөлүмүнө арыз менен кайрылды. Аталган райондун милиция башчысынын орун басары, подполковник Амангелди Шаяновдун "Азаттыкттын" казак редакциясына билдиргенине караганда, учурда кол салгандарды издөө иши башталды. Алар табылабы же табылбайбы, муну убакыт көргөзмөкчү. Маселен "Коркунучка кабылган журналисттер" деген бейөкмөт уюмдун жетекчиси Розлана Таукина айым кол салгандар табыларына ишене бербейт. Ал "Азаттыктын" кабарчысы менен болгон маегинде белгилегендей, дегеле акыркы кездери Казакстанда көз карандысыз журналисттерге карата кысым күчөдү:

- Мен Казакстанда журналисттерге карата мамиле чукулунан катаалданды деп эсептейм жана алар катуу кысымга кабылууда. Мунун баары эмне үчүн болуп жатат? Анткени ЕККУнун төрагасынын ордунда отура аларына ишенип алган Казакстан эми жазаланбай турганын, өзүнө багытталган кандайдыр бир сунуштар менен эскертүүлөрдөн жогору турарын сезүүдө. Бүгүн бул жерде биздин атайы органдар үчүн баары уруксат деген маанай жаралууда. "Азаттыктын" журналистинин токмоктолушу –катардагы эле журналисттин келтек жеши эмес. Бул - өз маалыматы менен бүткүл демократиялык коомчулукту азыктандырып жаткан маалымат булагын токмоктоо жана шантаж кылуу.

26-жаштагы Ермек Болтай "Азаттык жана Эркин Европа" радиосунун казак редакциясында 2008-жылдын май айынан бери иштечү. Журналисттик соңку эмгектеринде Алматыда социалдык чыңалуу күчөгөнүнө көңүл бурган.

Казак журналисттеринин айланасында жаңы жылдан бери эле орун алган окуяларга токтолсок, учурда Рамазан Есергепов аттуу журналист Тараз шаарында абакта отурат. "Алмата инфо" деген гезиттин баш редактору Есергеповду Казакстандын Улуттук коопсуздук боюнча комитетинин Жамбыл облустук департаменти мамлекеттик сыр катары эсептелген маалыматы жарыялаганы үчүн айыптоодо. Журналист 6-январда Алматада ооруканада жаткан жеринен камакка алынган. Ал абакта ачарчылык жарыялап, бир аптадан соң нааразылык акциясын токтотууга арагасыз болду.

Өткөн аптада ЕККУнун басма сөз эркиндиги боюнча өкүлү Миклош Харасти Казакстанды Рамазан Есергеповду абактан тезинен бошотуу менен катар улуттук мыйзамдарын эл аралык мыйзамдарга ылайыкташтыруга чакырды.

ЕККунун басма сөз эркиндиги боюнча өкүлү Казакстандын тышкы иштер министри Марат Тажинге жолдогон катында "биринчи кадам катары мен Казакстандын бийлигин журналистти бошотууга чакырам. Анын камакта отуруусу жана узак мөөнөткө соттолуу коркунучунун бардыгы ЕККУга мүчө өлкөнүн коомдук мааниси бар көйгөйлөр менен алектенген журналисттерге коопсуз жагдай түзүү боюнча милдеттемесин бузгандык болмок" деп жазат.

Бул аралыкта өткөн жума күнү оппозициячыл маанайдагы "Тасжарган" гезити 3 миллион тенге же 25 миң долларга айыпка жыгылды. Алматынын Медеу райондук сотунун өкүмүнө ылайык, аталган басылма – доогер, парламент депутаты Ромин Мадиновго жогорудагы суммагы акчаны төлөп берүүсү керек. Парламент депутаты "Тасжарган" гезитин ар-намысыма жана аброюма шек келтирди деген жүйөө менен сотко бергенде басылмадан 300 миллион тенге же 2,5 миллион доллар өндүрүп берүүнү суранган.

Буга чейин атын бир нече ирээт өзгөртүүгө мажбур болгон гезиттин редакторлорунун бири Алмаз Азадинин "Азаттыктын" казак кызматына билдиргеине караганда, ал сот чечимин саясий жүйөөсү бар деп эсептешет жана аппеляциялык арыз менен Алматы шаардык сотуна кайрылышмакчы.

Казакстандык "Адил сөз " уюмунун эсебинде, былтыр өлкөдө 1 журналист киши колдуу болгон, сегиз журналистке кол салынган.

АКШ аскери Ала-Тоодон чыгарылбайт

Бишкекте иш сапар менен жүргөн АКШ генералы Дэвид Петреус кыргыз бийлиги Орусия менен насыянын жол- жобосу тууралуу сүйлөшүүлөр жүргөндө америкалык авиабаза тууралуу эч сөз болгон эмес деп ишендиргенин билдирди.

Кыргызстанда АКШнын аскерий аба базасынын кийинки тагдыры коомчулукта кайрадан кеңири талкуулана баштады. Кээ бир саясат таануучулар мунун себебин Орусиядан 2 миллиард доллар насыя алуу үчүн кыргыз өкмөтүнүн жүргүзүп жаткан сүйлөшүүлөрү менен байланыштырып, соодалашуунун бир шарты катары АКШнын аскер аба базасын Кыргызстандын аймагынан чыгаруу каралган деп болжолдошууда.

Орусиядан насыя акчаны алыш үчүн базаны кетирүүгө кыргыз президенти Курманбек Бакиев макулдугун бериши мүмкүн деген пикирлер айтылууда. Бирок Кыргызстанга атайын иш-сапары менен келген АКШнын Борбордук командачылыгынын башчысы, генерал Дэвид Петреус Америкалык базаны Кыргызстандан чыгаруу тууралуу маалымат негизсиз экенин Кыргызстандын бийлик өкүлдөрүнө таянып айтты.

- Кыргызстанда мен жолугушкан бийлик өкүлдөрүнүн ар бири андай айың кеп Кыргызстандын маалымат каражаттарына тиешеси жок чет өлкөлүк бир гана маалымат булагында айтылганын билдиришти. Ал турсун кыргыз бийлигинин эң маанилүү өкүлүнүн бири Орусия менен болгон экономикалык кызматташтык тууралуу сүйлөшүүлөрдө АКШ базасынын чыгарылышы тууралуу маселе таптакыр козголгон жок деп ишендирди. Ошондуктан база Кыргызстандан чыгарылат деген кеп негизсиз деп ойлойм.

Ошондой эле Петреустун айтымында, АКШ Кыргызстанга жылына ар кыл долбоорлор аркылуу 150 млн. доллар жардам берет. Анын 63 миллион доллары АКШнын Кыргызстандагы аба базасы аркылуу келет. Ушул жардамдардын көлөмүн көбөйтүү маселесин талкуулоо үчүн февраль айында Кыргызстанга атайын делегация келген жатат.

Бирок ошентсе да айрым саясий активдүү жаштар эгерде база Кыргызстандан чыгарыла турган болсо, анда АКШ “жооп кайтарып” Кыргызстанга карата басым кыла турчу механизмдерин ишке киргизиши мүмкүн деп тынчсызданууда. "Эркин муун" либерал жаштар альянсынын теңтөрагасы Урмат Казакпаев төмөндөгүчө оюн айтат:

-Бизде Дүйнөлүк банктан алынган, “Париж клубунан” алынган 2 миллиард доллар карызыбыз бар. Бул эл аралык уюмдар үчүн АКШнын таасири абдан чоң. Ошондуктан базаны кетирип жиберсек, АКШ карызды төлөөнү тездетүү талабын коюшу мүмкүн, үстөк пайызын жогорулатып да жибериши мүмкүн.

Урмат Казакбаев эки миллиард доллар карыздын үстүнө Орусиядан насыяга дагы эки миллиард доллар алып, ал аз келгенсип пайда келтирип жаткан базаны жабуу акылга сыйбаган иш болот деп кабатыр. "Кыргызстан суверендүү өлкө болгондуктан кандай гана чечим кабыл албасын бул өлкө бийлигинин жеке иши. Болгону гана ийкемдүү дипломатия болуш керек",- дейт “Дебат” кыймылынын мүчөсү, коомдук активист Урмат Иманкулов.

Бишкек шаарынан анча алыс эмес жайгашкан “Манас” аба майданындагы АКШнын аскерий аба базасын кетирүү демилгеси коомчулук тарабынан мурун да бир нече жолу көтөрүлүп келген. Анын бирден бир себеби - базанын ичинде АКШлык жоокердин кыргыз жаранын атып өлтүрүп салышы болгон. Бирок бийлик өкүлдөрү АКШ базасынан бюджетке бир топ каражат түшөт деген жүйөө менен коомчулуктун талабын канаатандырбай келген.

Ал эми АКШ генералы атып өлтүрүлгөн кыргызстандык жаран Александр Ивановго байланышкан иш кайра баштан тергелип жаткандыгын, анын жыйынтыгы кабарланарын билдирди.

АКШнын аскер аба базасы эки тараптуу келишимдин негизинде Ооганстандагы антитеррордук операцияга колдоо көрсөтүү үчүн 2002-жылы Бишкекте жайгаштырылган.

Эски совет аймагында эркиндиктин кедеринен кетүүсү күчөдү

Фридом Хаус уюму 2009-жыл үчүн жаңы баяндамасын жарыялады. Ага караганда, постсоветтик өлкөлөр, анын ичинде Кыргызстан да саясий укуктар менен жарандык эркиндик кедеринен кеткендердин алдыңкы сабында.

Башкеңсеси АКШда жайгашкан Фридом Хаустун "Дүйнөдөгү эркиндик" деп аталган баяндамасы 183 өлкөнү, Тоолуу-Карабах же Тибет өңдүү 13 талаштуу аймакты камтыйт. Баяндамада 183 мамлекеттин 89суна "эркин", 62сине "жарым –жартылай эркин" 42сине "эркин эмес" деген аныктама берилген. Мындан бир жыл мурдагы отчет менен салыштырсак, 2008-жылдын жыйынтыгы боюнча "эркин" өлкөлөрдүн саны бирөөгө азайды, "эркин эместердин" саны да бирөөгө кемиди, "жарым-жартылай" эркин өлкөлөрдүн саны экиге көбөйдү.

Маселен Ооганстан былтыр "жарым –жартылай эркин" өлкөлөрдүн тобунда болсо, быйыл бедели төмөндөп, "эркин эмес" өлкөлөрдүн катарына кошулду. Мунун негизги жүйөөсү коопсуздуктун начарлаганы, коррупциянын күчөгөнү, өкмөттүк институттар ишинде эффрективдүүлүктүн жоктугу.

Ал эми Ооганстандын коңшусу Пакистан саясий укуктар боюнча рейтингде "эркин эместен", "жарым –жартылай эркинге" которулду. Пакистандын бедели өлкөдө армия үстөмдүк кылган башкаруунун бүтүшү, жарандык парламент менен президенттин шайланышынан улам жакшырган.

Фридом Хаустун баяндамасынын негизги авторлору Арч Паддингтон (Arch Puddington) менен Кристофер Уокердин (Christopher Walker) "Азаттык жана Эркин Европа" радиосуна билдиришкенине караганда, Балтика өлкөлөрүн кошпогондо, мурдагы СССР - 2001-2008-жылдардын аралыгында саясий укуктар менен жарандык эркиндиктер такай начарлоонун үстүндө болгон жалгыз аймак.

Авторлордун айтымында, мындай тенденцияны бир себеп менен түшүндүрүүгө болбойт. Фридом Хаустун изилдөөлөр боюнча директору Арч Паддингтон буга салым кошуусу мүмкүн болгон үч жүйөөнү келтирет. Биринчиси - мунайга бай Орусия, Казакстан, Түркмөнстан, Азербайжандагы демократиялык эмес бийликтин экономикалык кубатынын артуусу. Экиничиси - Советтер Бирлигинен калган мурас, үчүнчүсү – Орусиянын таасири:

- Орусия аймактын ири державасы, таасири абдан чоң жана азыр, Путиндин тушунда, ал - агрессивдүү, антидемократиялык өлкө. Орусия демократиялык стандарттардан жөн эле жылып эмес, алыска аттап кетти жана өзүнүн системасы жөнүндө, демократиядан да жогору катары, абдан бекем ишенимде.

Орусия Фридом Хаустун баяндамасы боюнча былтыркыдай эле "эркин эмес" өлкө деп эсептелинет. Уюмдун изилдөөлөр боюнча директору Паддингтон белгилегендей, Кошмо Штаттар мурдагы советтик өлкөлөргө карата саясатында эркиндик маселесин кароо боюнча кээ бир аракеттерди көрүүдө. Бирок мунай менен газ коруна бай мамлекеттер АКШ менен Европанын демократия жаатындагы тынчызданууларын жээригенинин кайра-кайра көргөзүп келишти. Мындан сырткары, Паддингтон кошумчалагандай, Батыш режимдердин эркиндикти чектөөөсүн мыйзамдаштырган кадамдары өзү да жасады. Мунун бир мисалы - 2010-жылы ЕККУ уюмунда төрагалык кылуу укугу Казакстанга берилгени.

Фридом Хаустун изилдөөлөрү боюнча дагы бир директору Кристофер Уолкер мындайт дейт:

- Келерки жылы ЕККУга төрагалык кылууга даярданып жаткандыктан, Казакстандагы окуялардын көбү көңүл боборунда турду. Бирок биздин эсебибизде, биз иликтеген көрсөткүчтөрдө: саясий укуктарда, жарандык эркиндиктерде маңызы бар жылыш орун алган жок жана өлкөнүн траекториясы соңку жылдары иш жүзүндө төмөндөө багытында гана болду.

Борбор Азиядан Казакстан менен катар Өзбекстан, Түркмөнстан, Тажикстан мурдагыдай эле "эркин эмес" деген рейтингин сактап калышкан. Ал эми Өзбекстан менен Түркмөнстан "эркин эмес" 42 өлкөнүн ичинен эки негизги: саясий укуктар жана жарандык эркиндиктер көрсөткүчү боюнча эң төмөнкү 7 баллды алган сегиз өлкөнүн арасында.

Кыргызстан мурдагы беделин сактап, "жарым –жартылай" эркин өлкөлөрдүн сабында, Бирок Фридом Хаустун изилдөөлөр боюнча директору Кристофер Уолкердин "Азаттык жана Эркин Европа" радиосунун кабарчысына билдиргенине караганда, 2008-жылдын жыйынтыгында Кыргызстанда эркиндиктин абалы артка кетти:

-Кыргызстан - "Дүйнөдөгү эркиндик" баяндамасында көрсөткүчү төмөндөгөн өлкөлөрдүн дагы бири. Бул көбүнесе массалык маалымат каражаттары жана жыйналуу эркиндиги боюнча мыйзамдык жаңы чектөөлөргө байланыштуу, ага катар бийликтин саясий оппозицияны алсыратуу жана жарандык коомго тоскоолдук кылуу боюнча кадамдарына байланыштуу болду. Бул - ошондой эле 2005-жылкы өзгөрүүлөрдөн кийинки убадалардан берки узагыраак тенденциянын бир бөлүгү. Мунун соңунан биз бул жерде мурда жетишилгендердин такай эрозияга учуроосун көрдүк жана 2008-жыл бул багытта Кыргызстан үчүн өзгөчө начар жыл болду.

2009-жылкы баяндамада Кыргызстанга саясий укуктар жагынан 5, жарандык эркиндиктер боюнча 4 балл берилет. Кошумчалай кетели, эң жакшы балл 1, эң начары 7.

Баяндамада Кыргызстандан тышкары "түстүү ыңкылаптарды" баштан кечирген Украина, Грузиядагы авторитардык репрессиялардын таасири иликтенген.

КМШдан Украина эле "эркин" өлкөлөрдүн тизмесинде болсо, Грузия, Армения, Молдова, "жарым-жартылай эркин", Азербайжан, Беларус "эркин эместердин" ичинде. Булардын ичинен Армения саясий укуктар жагынан 5 балл алса, быйыл бул көрсөткүчү начарлап 6га чыккан.

Быйылкы баяндамада президенттигинин экинчи мөөнөтүн аяктап жаткан Жорж Буштун администрациясынын "эркиндик" маселеси боюнча ишинин эффективдүүлүгү, ага катар АКШнын жаңы президенти Барак Обаманын администрациясы туш келүүчү көйгөйлөрдү талдоо аракети көрүлгөн.

Фридом Хаустун 1972-жылдан бери жарыяланып келген "Дүйнөдөгү эркиндик" баяндамасы тигил же бул өлкөдөгү саясий укуктардын, жарандык эркиндиктердин абалы боюнча эң ишенимдүү булак катары эсептелинет.

Баяндама алгач жарыяланган 1972-жылы 151 өлкөнү камтып, алардын 44ү "эркин", 38и "жарым-жартылай эркин" 69у "эркин эмес" деп бааланган.

2008-жылдын жыйынтыгы боюнча "эркин" деп эсептелген аймакта дүйнө калкынын 46%ы же 3, 055, 885, 000, "эркин эмес" аймакта 34% же 2, 276, 292,000, ал эми "жарым –жартылай" эркин аймакта 20% же 1, 351, 014, 000 адам жашайт.

Билим берүү: реформалар жүрүүдө, бирок көйгөйлөр аз эмес

Кыргыз билим берүү академиясынын уюштуруу илимий методикалык жана басма бөлүмүнүн башчысы Сейитбек Жаанбаев "Азаттыктын" Прагадагы баш кеңсесинде болуп, билим тармагындагы реформалар, окуу китептеринин жетишсиздиги жана Болон процессине өтүү тууралуу маек куруп берди.

“Азаттык”: -Сейитбек мырза билим тармагында азыркы учурда кандай реформалар жүрүп жатат?

Сейитбек Жаанбаев: -Эми бүгүнкү күндө билим тармагында жүрүп жаткан реформаны билим берүүнүн модернизациясы деп атасак ылайыктуурак болот. Бүгүнкү күндө буга чейин билим берүү тармагында ЗУН дегенди карманып келгенбиз - “знание, умение, навыки”, башкача айтканда, адегенде балдарга билим берип, ошону үйрөтүп, анан ошол алган билимин пайдалануу.

Бүгүнкү күндө жалпы эле системаны башкачараак багытта берип атабыз: билим берүүдө баланын компетенттүүлүгү. Ошол балага эмне керек, эмне алыш керек, анан аны кандай пайдаланышы керек? Андан тышкары Азия өнүктүрүү банкынын биринчи траншында биздин Кыргыз билим берүү академиясы (мурдагы Кыргыз билим берүү институту) 324 миң доллардын тегерегинде акча каражатына жаңы муундагы окуу китептерин чыгарып, убагында берип, биз Азия өнүктүрүү банкынын жакшы ишенимине киргенбиз. Алар азыр 15 миллион гранттык акча берип, ошону андан ары уланттыруу боюнча иш жүрүп жатат.

Мындан сырткары окутууну баланын шык жөндөмүнө, башкача айтканда, инсанга багытталган тарапта уюштурууга аракет кылып жатабыз, бул дагы билим сапатын көтөрүүнүн бирден-бир жолу. Билим берүү министирлиги тарабынан дагы атайын семинарлар, тегерек үстөлдөр өткөрүлүп келүүдө.
"Балдардын тарбиясы үчүн мектеп гана жооп бербейт".


Экинчиден, Кыргыз билим берүү академиясы тарабынан акыркы он сегиз жылдан бери биринчи жолу тарбия маселесине арналган эки чоң конференция өттү. Ошондой эле Кыргыз билим берүү академиясы тарабынан балдарды адеп ахлахтык тарбиялоонун көйгөйүнө арналган республикалык мугалимдердин педагогикалык окуу жыйыны өттү. Педагогикалык окууларда өтө орчундуу маселе - тарбия маселесине арналат.

Бүгүнкү күндө балдардын тарбиясына ким жооп бериш керек? Учурда бир гана мектеп эле жооп берип жатат. Ушул маселе да көтөрүлүп жатат. Ошонун ата-энеси, коомчулук, айыл өкмөтү, балдар менен иштеген милициянын бөлүмү, саламаттык сактоо бөлүмү мектепке билим берүү тармагына гана баарын үйүп жатпайбы.

Көп программалар кабыл алынып жатат. Мисалы, “Дени сак улут”, “Маданият”, “Айылдык мектеп” деген программалар. Программалардын бардыгы аткарылбай жатканы - ушул жерде ким жооп берет, ким биргелешип иштеш керек дегендер каралбай калган. Жоопкерчиликти алган киши жок. Билим берүү сапатын көтөрүү деген маселе аябай орчундуу турат.

Мурдагы совет өлкөлөрү менен байланыш түзүүнүн зарылдыгы

“Азаттык”: -90-жылдардан кийин, мурдагы совет өлкөлөрүнө кирген мамлекеттер өз алдынча болуп калгандан кийин, учурда пост-советтик өлкөлөр менен кандайдыр бир кызматташтык, байланыштар болуп атабы?

Сейитбек Жаанбаев: -Ооба, кызматташтык болуп атат, себеби бизде тажик, орус тилдүү мектептерибиз бар. Орус-кыргыз аралашкан мектептерибиз бар, өзбек мектептерибиз бар. Бул боюнча мурунку совет системасындагы мамлекеттер менен биргелешип иш кылбасак болбойт.

Бүгүнкү күндө эң тыгыз байланыш Орусия менен жүрүп атат. Кыргызстанда орус тилдүү мектептерибиз Орусиянын окуу китептери менен окуйт. Тилекке каршы, ушундай болуп атат. Өзбек тилиндеги мектептер бар, биз Өзбекстан менен байланышып атабыз. Өзбекстанда атайын кыргыз басма бөлүмү бар.

Өзбек, тажик мектептери боюнча окуу китептерин толук камсыздай албай, көзөмөлдөй албай атабыз. Ал эми Орусия менен бир топ жакшы жолго коюлган. Андан сырткары Түркия менен байланышуудабыз.

Жаңы муун үчүн жаңы багыттагы окуу китептери зарыл

“Азаттык”: - Сейит мырза, окуу китептери тууралуу сүйлөшсөк. Бизге жеткен маалыматар боюнча Таласта мектеп окуучулары “Менин өлкөм - Советтер Союзу” деп окушат экен. Өзбекстан жана Тажикстан менен чектеш аймактарда дагы окуучулардан президенттин атын сурасаң “Ислам Каримов, же Эмомали Рахмон” дешет. Китептердин эскилигинен жаңы китептердин жетишсиздигинен улам келип чыккан бул маселе кантип чечилип жатат? Деги эле чечилип жатабы?
"Окуу китептери боюнча өлкөдөгү абал өтө эле оор".


Сейитбек Жаанбаев: - Окуу китептери боюнча азыр чынында азыр өлкөдөгү абал өтө эле оор. Окуу китептери менен камсыз болуу негизинен жалпы республика боюнча 30-35 пайыздын эле тегерегинде. Эски окуу китептерди китепканада сакталып турган окуу китептер менен кошуп эле Кыргызстанда 80-90 пайыз деп отчётко кетип калып жатпайбы. 5-6 ай мурда “2003-жылга чейинки окуу китептер жараксыз деп табылсын” деп министрликтин атайын чечимин чыгартканбыз.

2003-жылга чейинки окуу китептер биринчиден окуу программасына туура келбей эскирип калды. Алар билим берүүнүн стандарттарына туура келбей калды, ошол окуу китептердин маани-маңызы эскирди.

Экинчиден, ошол окуу китебинин өзүнүн гигиеналык нормасы болот. Ал жерде кагаз эскирет, өңү өчөт, жыртылат. Эски окуу китеби балдарга ар кандай инфекциялык ооруларды жугузууда. Баракты шилекейлеп ача берет экен. 2003-жылдан кийинки окуу китебин алып караганыбызда, 30-35 пайыздын тегереги болуп жатат.

Өзбек, тажик мектептерибизди окуу китептери менен камсыз кылуу оор абалда турат. Өзбек мектебин камсыз кылуу боюнча Оштогу Кыргыз-өзбек университетинин алдындагы атайын окуу китептеринин базасы бар. Окуу китептерин которуп, мүмкүн болушунча жеткирип атышат.

Бүгүнкү күндө 6-7-класстын окуу китептерине чейин которулуп кетип калды, жогорку класстардын окуу китептери жете элек. Ал эми Тажик мектептер боюнча абал өтө эле оор. Тажик мектептерине биздин китептерди которуп бере элекпиз. Сиз айткандай “президентибиз Каримов, Рахмонов” дегендер чыгып атат. Эми айла кеткенде Тажикстандан келген окуу китептердин бетиндеги президенттин сүрөтүн алып таштап да көрдүк. Ал тескери таасирди берет экен: “китеп эмнеге айрылып калган десе, президент болчу ошону айрып таштаптыр. Ким эле? Рахмонов эле” деп жатышат.

Орусиядан келген окуу китептерибиздин абалы да ушул деңгээлде болуп жатат: башталгыч класстарга келген “Азбука” окуу китептеринде “Боже, храни нас” деген сөздөр бар. Путиндин сүрөтү менен келип атат. Бул боюнча Билим берүү министрлиги өкмөткө маселе коюп, ушул окуу китептер менен камсыз кылуу жагын аракет кылып жатат. Бирок тийешелүү деңгээлде чечилбей жатат.

Былтыр окуу китептерине 100 миллион сом акча бөлүп берген. Эми 100 миллион деген аты чоң болгон менен, аны иштетип келгенде бир эле китепке жетип калат. Бир китептин баасы 100 сом болсо, бизде 1 миллион 300 миң окуучубуз бар. Бир эле наамдагы китеп чыгып калып жатпайбы. Бүгүнкү күндө биздин мектептерге 45 наамдагы окуу китеби керек. 24 окуу предметибиз бар. Бирок буга карабай мүмкүн болушунча окуу китептери чыгып атат. Мына тарых боюнча окуу китептери бештен 11чи класска чейин жаңы муундагы окуу китептери чыкты. Бирок ошол да толук кандуу жете албай жатат.
"Орусиядан келген китептерде “Боже, храни нас” деген сөздөр бар".


Ар бир баланын колуна окуу китеби жетип, андан сыркары мугалимине, анан китепканага ондон окуу китеби деп орточо эсептегенде ар бир китеп жетимиш миң нускадан чыгышы керек. Тилекке каршы, 15-20 миңдин тегерегинде чыгарып жатабыз.

Билим сапатын көтөрүүнүн эки жолу бар: жакшы окуу китеби, окуу методикалык курал, дидактикалык материал жана мыкты куралданган мугалим. Акыркы күнү биздин окуу китебибиз дагы чыкпай жатат, окуу методикалык куралдарыбыз акыркы 15-16 жылдан бери деги эле чыга элек. Анан мугалимдердин билим сапатын көтөрүүбүз тийешелүү деңгээлде болбой, билим сапаты төмөн, балдар окуй албайт.

Кадрлар баарын чечеби? Жаш мугалимдер аба менен суудай зарыл


“Азаттык”: - Мугалимдер демекчи... Жаш кадрлар тууралуу сүйлөшөлү. Айлык акынын аздыгынан жогорку окуу жайын жаңы эле бүтүргөн жаш мугалимдердин өз кесиби менен иштебестен башка жакка кетип жатканы тууралуу канча сөздөр айтылды, бул жашыруун сыр эмес. Бул маселе кандай чечилип жатат?

Сейитбек Жаанбаев: - Туура айтасыз. Айрыкча бүгүнкү күнү мектептерге 3 жарым миң мугалим жетишпейт. Андан сырткары бүгүн жалпы Кыргызстан мектептериндеги билим берүү тармагындагы мугалимдердин 60-70 пайызы пенсия курагында. Себеби тоолуу райондордо эжелерибиз 40-45 жашында пенсияга чыгышат.

Айлыктын аздыгы деп жатпайлыбы... Ооба, айлыктын аздыгы бир себеп боло алат. Бирок өкмөт “Жаш мугалимдин депозити” деген программаны дагы киргизип көрдү. “Үч жыл иштейсиң, үч жылдан кийин жүз миң сом айлык аласың” деп дагы киргизип көрдүк. Бирок кеп айлыкта гана эмес экен.

Ошол программага катышып, бирок аягына чыгарбай кетип калган мугалимдер менен дагы сүйлөшүп көрдүк. Жаш кадрлар менен дагы сүйлөшүп көрдүк, атайын мониторинг жүргүздүк. Ошондо бир нерсени байкадык: бүгүнкү күндө мектепке бара турган жаш мугалимдер айлыктын аздыгынан гана эмес, мектептерге барып сабак өткөндөн коркот экен.

Биринчиден, мектепке барса, окуу китеби жок. Мугалим үчүн окуу методикалык колдонмо жок. Анан убагында жогорку окуу жайларында илгеркидей педагогикалык практикадан өткөн эмес. Ал мектепке барганда сабак өткөндөн коркот. Демек жаш мугалимдер айлыктын аздыгынан гана кеткен жок. Алар мугалим үчүн талап кылынган шарттардын жоктугунан барбай жаткан экен. Бул маселени министрликке дагы, өкмөткө дагы айтып жатабыз.
"Жаш мугалимдер мектепке барып сабак өткөндөн коркот".


Мектепти бүтүп эле “мен мугалим болгум келет” деп, мугалим болуп калган жаштар дагы көп. Мисалы, Баткенде мектепти бүтүп эле, мугалим болуп иштеп калган 310 адис бар. Чүй жана Талас боюнча жалпысынан миңден ашуун бүтүрүүчү өз мектебинде калып, мугалимдик кесипти аркалап келишүүдө. Кеп алардын айлык акысында эмес, кеп мамлекет тарабынан ошол жаш мугалимдерге окуу методикалык куралы, дидактикалык көрсөтмө куралдарын, окуу китептерин жана педагогикалык практиканы мектептен жакшылап өткөртүп, адис кылып даярдап койсо, алар барат.

Саны көп, сапаты жок...

“Азаттык”: - Мына ушундан улам дагы бир суроо пайда болду: Арабаев атындагы кыргыз мамлекеттик педагогикалык университети жана башка бир катар окуу жайлар жыл сайын канча миң деген кадрларды чыгарып жатат. Бирок алардын азы гана элет жерлерине барып иштешүүдө. Андыктан мугалим болом дегендер үчүн сынакты татаалдаштырып, бюджеттик орундарды өзгөчө татыктуулар үчүн берип, коротулуп жаткан акчаларды жаш кадрлардын билимин өркүндөтүү үчүн жумшаса болобу?

Сейитбек Жаанбаев: - Оюңуз туура. Бул маселени дагы Билим берүү министрлигине үч жылдан бери коюп келатабыз. Кадр даярдоо маселесине келсек, Кыргызстанда бир жылда 80 миң окуучу мектепти бүтүрөт. Ошонун 30 миңи мамлекеттик тестирлөөдөн өтөт. Бирок мамлекет ошол отуз миңдин ичинен 5 миң 700 балага гана акча төлөй алат. Башкача айтканда, 5 700 гана бюджеттик орун бар. Бул орундарды мугалимге, доктурга деп чачканда, аз эле чыгып калат. Калгандары өз каражатына окушу керек.

Быйыл кыргыз өкмөтү контракттын баасын 13 миң сомго көтөрүп койду. Мурда 5-6 миң сом болчу. Сырттан окуу бөлүмү 4-5 миң сом болчу. Мектепти бүтүп эле, кайра ошол жерде иштеп калгандар жогорку окуу жайларда сырттан окучу. Биз алардын дагы жолун бууп таштадык.

Сиз туура айтып жатасыз, университетти бүткөн жаш кадрлар өз айылдарына барбай кетип калышууда. Ошон үчүн өз айылындагы айыл өкмөтүнүн, мектептин жолдомосу менен жакшы окуган, өздөштүрүп кете турган, кайра өз айылына бара турган жаштарды жолдомо менен окутуп, кайра ошол жакка жиберсе, бул маселе чечилет.

Экинчиден, дагы бир көйгөй бар: мугалимдердин билимин өркүндөтүү боюнча курстарга көпчүлүк мугалимдер келе албай калышууда. Себеби ошолордун жол киресин жана каражатын айыл өкмөтү төлөсүн деп койгон. Кайсы айыл өкмөтүндө акча бар? Кимдин акчасы болсо жиберет, акчасы болбогондор калып калышууда. Ошон үчүн мугалимдердин билимин өркүндөтүүнү мамлекет өзү көзөмөлгө алып, өзү камсыздашы керек.

Өзбек жана тажик мектептериндеги көйгөйлөр тууралуу

“Азаттык”: - Бир учурларда Кыргызстандагы тажик-өзбек мектептеринде кыргыз тил сабагынын саатын көбөйтүүдөн улам чатак чыкты эле. Ушул окуянын чоо-жайына дагы токтоло кетсеңиз.

Сейитбек Жаанбаев: - Ооба, мындай абал болгон. Бул жерде тажик-өзбек туугандарды күнөөлөгөнгө болбойт. Бул биздин билим берүү тармагындагы кемчиликтен улам чыкты.

Биз ошол мектептерге бардык. Тажик, өзбек мектептерге барып, “эмне үчүн кыргыз тилин окугуңар келбей жатат?” деп сурадык. Алар айтышууда, “биз окугубуз келет, бирок сиздер кыргыз тил жана адабият сабагын эки саат киргизип жатасыңар. Бул эки саат бир жыл ичинде 68 саат дегенди түшүндүрөт. Ошол 68 саат ичинде кайсы темаларды окутабыз, кимдин чыгармасын окутабыз, эмнени окутабыз, кандай беребиз - муну даярдап берген жоксуңар. Экинчиден, биздин тажик жана өзбек мектебинин программасынан 2 саат кыскартып жатасыңар. Биз кайсы жерин кыскартышыбыз керек? Мына ушуну биз менен бет маңдай отуруп чечип берсеңер” дешүүдө.

“Макул эки саатты киргизип койдуңар. А биз 68 саатка материалды кайдан табабыз? Эртең эле текшерип келген киши айтат: эмнени киргиздиңер, программаңарды бербейсиңерби” дешти. Ооба, ошон үчүн бул иште эки эл ортосундагы мамилелерге доо кетирип албаш үчүн өтө аяр мамиле жасаш керек. Бул ортодогу майда чиновниктердин шашмалыгынан, өз ишин жакшы билбегендигинен гана ушундай абал болуп кеткен.

“Болон процессине өтүү үчүн менталитетти өзгөртүү керек”

“Азаттык”: - Сейитбек мырза, эми Болон процесси тууралуу сүйлөшсөк. Кыргыз-түрк “Манас” университети, Америка университети Болон процессине кирген. Кыргызстандын башка окуу жайларынын айрымдары дагы ушу процесске кирүүнүн аракетинде. Анын аралыгында Болон процесси тууралуу карама-каршылыктуу пикирлер айтылып келет. Сиздин жеке баамыңызда, Кыргызстандын окуу жайлары Болон процессине өтүшү керекпи?

Сейитбек Жаанбаев: - Мендеги маалымат боюнча биздин Кыргыз билим берүү академиясында профессор Кыргызбай Дадабаевич жетектеген жогорку окуу жайлардын проблемасын изилдеген институт бар. Мына ушул институт көп жылдан бери жогорку окуу жайларды Болон процессине өткөрүүнүн үстүндө иштеп келе жатат.
"Болон процесси – сапаттуу билим берүүгө олуттуу салым кошот".


Буга биринчи кезекте мамлекеттик мааниде атайын иштелип чыккан документ жок. Кыргыз-түрк “Манас” университети жана Эл аралык Америка университети европалык программада билим берет. Бирок биздин айрым окуу жайлары өз аракеттери жана демилгеси менен иштеп чыгып, өз аракети менен камылга көрүп жатышат.

Ар кандай жаңы ишке оң дагы, терс дагы пикирлер айтыла берет экен. Атайын программа болгондон кийин буга акча каражатын бөлүп, анан иштетсе, бул – жогорку окуу жайларында адистерди сапаттуу даярдоого чоң салымын кошот эле. Мендеги маалыматтар боюнча бул иш Кыргызстанда жүрүп жатат. Бирок бир эле күндө бул процесске кире турган иш эмес. Буга айрыкча кыргыз менталитетин даярдаш керек экен.

Тил үйрөтүү маселеси орчун турат

“Азаттык”: - Сейитбек мырза, мен Кыргыз-түрк “Манас” университетин бүтүргөм. Окууга жаңы тапшырганымда түрк тилин 2 айдын ичинде үйрөнгөм. Мени менен окууга келген түрк жарандары кыргыз тилин жарым жылда араң үйрөнүштү. Орус тилдүү досторум дагы кыргыз тилин үйрөнүү методикасы абдан татаал деп айтышат. Биз түрк тилин үйрөнүп жатканда эрежелерди эмес, сүйлөшүү, пикир алмашууга басым жасалып, аудио-видеону колдонгон элек. Кыргыз тилин үйрөнгөндөр үчүн мындай мүмкүнчүлүктөр жок, тил үйрөтүү методикасы татаал десек болобу?

Сейитбек Жаанбаев:- Сиз туура баамдаган экенсиз. Түрктөрдү албай эле, өзүбүздүн кыргыздарды ала турган болсок, 11 жыл бою адабиятты окуп туруп өз оюн кыргыз тилинде түшүндүрө албагандар бар. 11 жыл орус адабиятын окуп айылдагы балдарыбыз орус тилин билбей чыгышууда. Түпкү себеби – окуу китебинин даярдалышы, окуу материалдарынын берилиши, башкача айтканда, ошол кыргыз тилин жана адабиятын окутуунун методикалык жагын жаңыртуу болот экен.

Мына мектептердеги кыргыз тил китептерин карасаңыз, көпчүлүгү тил адистигине ылайыкташып калган. Анда синтаксисттик талдоо, морфологиялык жана фонетикалык талдоо деп эле эрежени жаттатып жатышат. Орус тилинде дагы эрежени жаттатыра беребиз.

Сиз түрк тилин окугандан кийин билесиз, адегенде алар сүйлөгөндү үйрөтөт. Бизге волонтерлор келип, англис тилин алты айда эле үйрөтүп жатышпайбы. Анткени алар адегенде сүйлөгөндү үйрөтөт. Андан кийин гана эрежелерине өтөт. Биз дагы кыргыз тилин окутуунун методикасын өзгөртүшүбүз керек жана кыргыз тилинде окуу китептеринин түзүлүшүн кайра карап чыгышыбыз керек.

Ошол балага эмнени бериш керек? Башкача айтканда, англис же түрк тилин окутуунун методикасын карасаңыз, үч багытта берет: 1. Чет тил катары окутуу. 2. Профессионалдык ишинде пайдаланган тил катары. 3. Негизги тил катары өздөштүрүш керек.

Тилди карым-катнаш, байланыш катары окутуш керек. Ушинтип бөлүп алганда тил үйрөнө турган адамга кайсынысы керек, эмнени тандай турганын билиш керек. Мисалы, жөн гана байланыш үчүн керек болсо, ал адамга эрежелерди жаттаттыруунун кереги жок. Буйруса бул маселе ордунан жылып калды. Баары айланып келип эле каражатка такалып калууда. Бүгүнкү күндө жаңы муун үчүн кыргыз тил китептери чыга албай жатат.

“Азаттык”: - Сейитбек мырза, анда бизге куруп берген маегиңиз үчүн рахмат.

Сейитбек Жаанбаев: - Сиздерге дагы ырахмат. Туз насип буйруп, Прагада “Азаттык” үналгысынын баш кеңсесине дагы келип калдым. 1993-жылдан бери “Азаттык” менен тыгыз байланышып келүүдөбүз. Бул радио - көңүл түшүп, алака түзүп калган радио. Элге тагыраак, кененирээк маалымат берүүчү булак. “Демократия” деп кыйкырганыбыз менен, демократиянын эң бир өзөктүү жана негизгиси – маалымат алуунун эркиндиги. Ишиңиздер ийгиликтүү болсун.

Тажикстан Салафиге тыюу салды

Тажикстанда Жогорку сот Салафи деген диний кыймылды мыйзамсыз уюм катары жарыялады. Соттун чечимине ылайык, Салафи кыймылы экcтремисттик делген диний топтордун тизмесине киргизилди.

Тажикстандын Жогорку соттунун 9-январдагы чечимине ылайык, салафи идеясын пропагандалаган диний адабияттар менен материлдарды алып келүүгө, таратууга да тыюу салынды. Жогорку соттун өкүлү Махмадали Юсуфовдун айтымында, кыймылды жабуу жөнүндө чечим ал өлкөнүн коопсуздугуна коркунуч келтиргенинен улам кабыл алынган:

- Улуттук, расалык жана диний жаңжаалдарды, өлкөнүн кадыр-баркына шек кетүүсүн алдын алуу үчүн Тажикстандын Жогорку соту 8-январда Салафи диний кыймылынын ишмердигине мыйзамсыз топ катары тыюу салды.

Исламдын сунни багытындагы бул кыймыл Тажикстандын аймагында активдүү аракеттенип келгенине эки жылдай болгон жана өзүнүн ырастоосунда, Тажикстанда 20 миңден ашуун жолдоочусу бар. Тажикстандык имамдар атүгүл Талибанга теңеп жиберген топтун жактоочуларынын ырастоосунда, алар болгону исламды таза жана так кармангандар.

Салафинин лидерлери алардын кыймылы тынчтык максатты гана көздөрүн, эч кандай экстремисттик да, саясий мүдөө жок деп ырасташат.

Тажик бийликтери болсо анын бир нече жүз гана талапкери бар деп эсептешкени менен жаш муунду өзүнө тартуу аракеттеринен улам кыймыл келечекте кулач жайып кетүүсүнөн чоочулагандай.

Кыймылдын жергиликтүү лидерлеринин көпчүлүгү Пакистан менен араб өлкөлөрүнүн диний мектептерин аяктаган, курагы жагынан 20-30дун тегерегиндеги жаштар. Салафи активисттеринин бири Ножи Назирмат Жогорку соттун кыймылды жабуу жөнүндөгү чечимине төмөнкүдөй мамилесин билдирди.

- Салафинин жолдоочуларын куугунтуктоо жана кодулоо Тажикстандын мыйзамдарын бузгандык болот. Анткени биз демократиялык, секулярдык, мыйзам менен башкарылган өлкөдө жашап жатабыз. Мен Салафинин жактоочулары өкмөткө каршы бир нерсе айтканын уккан эмесмин.

Тажикстандыктардын көпчүлүгү сунни исламдын салыштырмалуу байистүү багыты – ханафинин жолун жолдоочулар. Ошондой эле көбүнесе өлкөнүн чыгыш чөлкөмүндө 200 миңден ашуун исмаили шийилери бар.

Кыргызстандык дин адиси, теология илимдеринин доктору Бакыт Мурзуибраимов биз менен болгон маегинде белгилегендей, салафини диний кыймыл катары деле кароого болбойт, ал исламды өтө эле тар түшүнгөн адамдардын тобу. Андайларды азыр Кыргызстандан да кезиктирүүгө болот:

- Шарият боюнча салафи көз карашында адамдын акылына анча деле маани бере беришпейт. Мындайча айтканда биз акылга ишенсек, акыл бизди шарияттан, динден чыгарып таштайт. Биз бир гана Куран китеби, ислам шарияты менен чектелүүбүз керек деген пикирлер бар. Ал эми бир гана Куран менен, шарият менен чектелип, акылды иштетпей койсок анда бул инсандын табиятына каршы келип калат. Кээ бир кишилер динди тар чөйрөдө түшүнүп алып, салафи болуш керек экен, салафи диндин так өзөгү, тамыры экен деп эл ичинде үгүт кылып жүрүшөт. Андайларды азыр Кыргызстандан да кезиктирүүгө болот. Ыңгайы келгенде муну айтып, түшүндүрүүгө аракет кылып жатабыз. Бирок сырттан келген пикирлер, тилекке каршы, Кыргызстанга да кирип кетип жатат.

Бакыт Мурзуибраимов биз менен маегинде Салафинин жолун жолдогондор исламды кандайча түшүнөөрү тууралуу төмөнкүлөрдү да кошумчалады:

- Алардын (салафилердин) пикири боюнча биз исламды орто кылымдардагыдай түшүнүүбүз керек. Бул деген эми галстук тагынбай, чапан кийип, маасы-көлөшчөн же сакалчан жүрүшүбүз абзел, аялдар көзүнө чейин чүмкөнүшү же окубай үйдө отуруусу керек деген караңгы, туура эмес түшүнүккө алып келет. Ислам дининин өзүндө мындай нерселер жок, болгону исламды салафиче түшүнөбүз деп туура эмес жакка тарткандардын пикири. Бул азыркы 21-кылымдагы, илим менен техниканын доорундагы көз карашка такыр туура келбейт. Себеби Ислам дини доор, кылым, убакыт өзгөргөн сайын ошого жараша өзгөрүлүп, кээ бир жоболору ошол учурга ылайыкташуусу керек.

Тажик бийликтеринин ырастоосунда, салафинин мүчөлөрүнөн конфискациялаган компьютердик дисктер менен видеотасмалар салафинин лидерлери шийилерге жана ирандыктарга каршы маанайда экенин көргөзгөн.

Салафилердин тажикстандык мусулмандарды жикке бөлүү ниети бар экенин жергиликтүү имамдар да эскертишкен болчу. Салафилердин нукура делген исламга көңүл буруусу, алардын медреседеги жаш бүтүрүүчүлөрдү өзүнө тартуу өнөктүгүнөн улам Тажикстанда айрымдар Салафини атүгүл Талибанга да салыштырып жиберишкен.

Былтыр октябрда Тажикстандын Уламалар кеңешинин салафилерди өз ишниминен баш тартууну, болбосо мечиттерге жолобоосун талап кылышкан.

Ал эми салафилердин Иранга каршы турумунан улам ал Ирандын Тажикстанга таасирин басаңдатуу үчүн Батыш өлкөлөрү тарабынан каржыланып жатат деген ушак-айыңдар да тараган эле. Америкалык расмий өкүлдөр мындай ырастоолорду болбогон кеп катары четке кагышкан.

Ал эми кээ бир тажикстандыктар Жогорку Соттун Салафи кыймылын жабуу өңдүү чечимдери өлкөдө мыйзамсыз деп табылган ислам топторунун радикалдашуусуна жана өлкөдө өкмөткө каршы маанайдын күчөшүнө гана салым кошот деп эсептешет. Сот чечимин Тажикстандын Ислам кайра жаралуу партиясы сынга алып, бул адамдардын тынч максатта биригүү жана чогулуу укугун бузуп жатканын белгиледи.

"Aзаттыктын" Түркмөнстандагы кабарчысы үй камагында

Осмон Халлыев

"Азаттыктын" түркмөн кызматынын кабарчысы Осмон Халлыевди жергиликтүү коопсуздук күчтөрү карыш жылдырбай артынан аңдып, балдары иштен куулду. Азыр анын 10 небереси багууга каражатсыз калды.

Халлыевдин айтымында, ал өз балдарынын 1-январда иштен алынышынын себебин сурап, жергиликтүү прокуратурага кайрылган, прокуратура анын арызы кароого алынганын бышыктаган, бирок азырынча жооп бере элек. Анын "Азаттык" менен телефон байланышы 18-ноябрдан бери иштебей жаткан. Ушул шаршембиде гана ал "Азаттыктын" Ашхабаддагы бөлүмү менен телефондон тымызын байланышып, өз абалы тууралуу буларды билдирди:

- "Азаттык" радиосу менен кызматташканым үчүн уулум, келинимди, күйөө баламды иштен кубалашты. Уулумдун 3 баласынын мектепке жашына жете элек, кызымдын эки баласы башталгыч класста окуйт. Азыр 10 неберем менин колумду карап калды.

56 жаштагы Халлыев "Азаттыктын" Лебаб дубанындагы жалгыз кабарчысы. Баш кеңсеси Прагада жайгашкан "Азаттыктын" түркмөн кызматынын жетекчиси Огулжамал Язлыеванын айтымында, түркмөн бийликтери "Азаттыктын" бул маселе боюнча кайрылууларына такыр жооп берген жок. "Бийлик алмашканы менен, Түркмөнстанда сөз эркиндиги жакшырган жок. Бийликтер мурдагыдай эле биздин кабарчыларга аккредитация бербейт, биз менен сүйлөшкүсү келбейт" деп айтты Язлыева.

Сырт байкоочулар да өлкөдө кырдаал татаал экендигин айтышууда. Фархад Тухбатулин - Венадагы Адам укуктары боюнча Түркмөн Демилгесинин төрагасы:

- Менимче Түркмөнстанда бийликтер өзүн реформатор көрсөткүсү келет. Бирок өлкөдө абал маркум президент Ниязовдун мезгилинен бери көп өзгөргөн жок. Саясий-экономикалык жана социалдык жашоодо көп кыйынчылыктар бар. Бирок бийликтер бул тууралуу көз карандысыз маалыматтын өлкөдөн сырткары тарашын каалабайт.

Осмон Халлыевди өткөн жайда да иш жүзүндө үй камагында кармашкан эле. Ал ирет да кабарчы чөнтөк телефону менен байланышты үзүп салышканын, үйүн күнү-түнү аңдып жатышканын билдирген. "Мен үйдөн чыксам, артымдан жүрүшөт. Аңдыгандардын арасында милиция да бар" деп билдирген ал. Июнь айында Халлыевдин 23 жаштагы баласын университеттен чыгарып салышкан, ага университеттин администрациясынан "атаң "Азаттык" менен иштешкенин токтотсун" деп эскертишкен.

Өткөн жайда "Азаттыктын" дагы бир кабарчысы Сазак Дурдымурадов жиндиканага камалып, кийин жакындары аны өзү жашаган Бахарден шаарынын камак жайынан табышкан. Ал "Азаттыкта" иштебөөгө жазуу жүзүндө милдеттенме алган, ошого карабастан, аны сабашкан. Аялы анын абакта ачарчылык жарыялаганын, саламаттыгы начар экендигин билдирген. Кийин бошонуп чыккан кабарчы жыл соңунда парламенттик шайлоого катышмак болгон, бирок анын арызы кабыл алынган эмес. Эл аралык телефон байланышы кесилип, интернет менен кабарлашуу мүмкүн болбогондуктан, Дырдымурадов менен "Азаттык" үналгысы 8-ноябрдан бери байланыша албай келатат.

Газ баасы кымбаттап эле баратат

Өкмөт Өзбекстандан сатылып алынчу «көгүлтүр отундун» баасы быйыл канча болорун бүгүн жарыя кылмакчы. Газ баасы былтыркысынан 95 долларга кымбат болгону менен көлөмү 90 миллион кубометрге аз.

Антишке Өзбекстан газынын кымбаттыгы, ага салыштырмалуу мунай баасынын арзандашы, жылуулук борборлорунун карамай калдыктарын жагууга өтүшү себеп болууда.

Башында 300 доллардан сатылчу Өзбекстан газынын 250 андан 240 долларга кантип түшүрүлгөнү Уй жылынын башталышындагы башкы жаңылык катары маалымат агенттиктеринде илинип турду. Жыл жаңырышын кенен 7 күн майрамдаган кыргыз өкмөтү кечээ газ баасын бычып, аны бүгүн жарыя кылмакчы. Кыргызстандын өнөржай, энергетика отун ресурстары министри Ильяс Давыдов Өзбекстандан бул ирет өткөн жылдагыдан 90 миллион кубометрге аз газ сатып алуу тууралуу келишим түзүүнүн себебин баанын кымбаттыгына, ошондой эле өкмөт мындан ары энергетиканын башка булактарын издөөгө киришерине байланыштырып түшүндүрдү.

Энергиянын башка булактарын издөө көпчүлүк үчүн бүдөмүк түшүнүк. Анын үстүнө ошол эле бийлик мунарасынан байма-бай кайталанган тезек камдоо чакырыгынын жанында энергиянын “альтернатив булагы” илгери үмүт, изги тилек катары кабылданары турулуу иш. Кыргызстан энергиянын жаңы булагын таап чыгышын күтпөй, Өзбекстан жыл сайын табигый газдын баасын бери дегенде 100 долларга көтөрүүдө. Өзбекстандык эксперт Комрон Алиевдин ырасташынча, өкмөт газды чет өлкөлөргө кымбатка сатышка куштар.

- Өлкө ичинде газдын жетишпей жатышынын себеби ички баанын экспортко чыгарган баадан төмөндүгүнө байланыштуу. Мамлекет казынасына, бюджетке каражатты арбын түшүрүү керек болсо газды четке саткан өкмөт үчүн пайдалуураак көрүнөт,- дейт К.Алиев.

Эксперттин пикирин Өзбекстандын Хорезм вилайетинин тургуну Балтабай Базарбаев да ырастап, үлпүлдөп жанган “көгүлтөр отун” көйгөйү айрыкча элеттиктерди кыжалатака салып жатканын айтат:

- Байбыз-байбыз дейбиз, эмнебиз бай. Биздин Өзбекстан тезек жагып жатат. Биздин газды чет мамлекеттер сатып алып жагып жатышат.

Бирок да кымбатбаа Өзбекстан газын сатып алыш коңшуларга деле оорго туруп жатканын Кыргызстан менен Тажикстандын былтыркыдан газды аз сатып алууга келишим түзгөндөрү деле ырастап бере алат. Өткөн жылы кыргызстандыктар 1 кубометр газ жакканы үчүн 7,5 сом төлөп келишсе быйыл ал 15 сомдун айланасында болорунан күмөнсүбөй эле калышты окшойт.

- 15 сомго чукул болот. Ошонун тегерегинде,- деп билдирди “Кыргызгаз” акционердик коомунун директорунун орунбасары Кубан Мырзаканов.

Кыргызстандын өнөржай, энергетика, отун ресурстары министрлигинин пресс-катчысы Татьяна Анкудинович элге сатылчу газдын баасы бүгүнкү маалымат жыйынында жарыя кылынарын билдирди.

- Тариф маселеси чечилмейинче эч ким ал тууралуу айта албайт.

Ал эми газ баасына сатылып алынган наркы, ташып жеткирүүнүн, камсыз кылуунун чыгымдары кошулуп, өткөн жылдагыдан кыйла арбын болору техникалык эсеп-кысабы жок эле керектөөчүлөргө дайын.

Казакстанда эркин журналист камакка алынды

"Алма-Ата инфо" апталык гезиттин баш редактору Рамазан Есергепов

Казакстандык эркин журналист, “Алма-Ата инфо” апталык басылманын баш редактору Рамазан Есергепов ачкачылык жарыялады. Бул тууралуу анын адвокаты Анна Пахота кабарлады. Журналист шейшембиде камакка алынган. Аны Улуттук коопсуздук комитетинин кызматкерлери ооруканада жаткан жеринен кармап кетишкен.

Казак бийликтери Есергепов мамлекеттик сырдуу маалыматты шардана кылган деп ырасташууда. Былтыр анын гезитинде жарык көргөн макалада Тараз шаарынынын бийлик өкүлдөрүнүн паракорлугу тууралуу жоромол камтылган.

Журналисттин камакка алынышы жөнүндө "Азаттыктын" казак кызматына анын жубайы Раушан Есергепова маалымдаган:

- Эртең менен саат 8 чамасында аны анализ тапшыруу үчүн лабораторияга чакырышкан. Ошол жерде Улуттук коопсуздук комитетинин адамдары оорусунан айыга элек Рамазанды арткы эшиктен чыгарып кетишкен. Азыр анын кайда экенин билбеймин. Алматыдагы Улуттук коопсуздук комитетине барганымда мени менен жолуккан басма сөз катчысы Рамазанды Тараздагы коопсуздук кызматынын департаменти алып кеткен болушу керек деп айтты.

Ал эми Улуттук коопсуздук комитетинин маалымат кызматынын өкүлү Мухтар Анарбек Есергеповдун иши боюнча “Азаттыкка” буларды айтты:

- “Алма-Ата инфо” басылмасынын баш редактору Рамазан Есергепов Казакстандын маалымат каражаттары жөнүндөгү мыйзамды бузгандыгы жана гезитке кылмыш иштери жөнүндө маалыматтарды жарыялагандыгы үчүн ага каршы кылмыш иши козголду.

“Коркунучка кабылган журналисттер” деген коомдук уюмдун жетекчиси Розлана Таукина Коопсуздук комитенин аракеттери мыйзамсыз деп эсептейт:

- Адаттагыдай эле Улуттук коопсуздук комитетинин кызматкерлери өз ыйгарым укуктарынан ашыкча пайдаланууда. Есергепов кылмышкер эмес. Анын ден соолугуна байланыштуу тергөөчүлөр Алматыга келип жолукса болот эле да. Эми аны Таразга алып барып, кысым көргөзүп орукчан адамга зыян келтиришсе, бул - кызматтан ашыкча пайдалануу болуп эсептелет. Жамбул облусттук коопсуздук комитети өзүнүн шалаакылыгынан улам маалыматты сыртка чыгарып жиберип, эми Рамазанды кармап отурушат.

25-декабарда Есергепов Улуттук коопсуздук комитетинин Тараздагы бөлүмүнө сурак берүү үчүн бармак. Бирок жолго чыгаардын алдында өзүн жаман сезип, Кардиология институтуна жаткырылган. Анын алдынкы күнү эле журналист бейтапканадан чыгарылган. Декабрдын башында аны Алматыдан Таразга алып кетүү аракети көрүлгөндө, Есергепов Коопсуздук комитетинин машинасынан качып чыгып бир нече убакыт АКШнын элчилигинде баш пааналаган.

Журналист “Алма-Ата инфо” гезитине Улуттук коопсуздук комитетинин жашыруун маалыматтарын басып чыгарган деп күнөөлөнүүдө. Ал бул иш боюнча мурда күбө катары өтсө, эми айыпталуучуга айланды.

Оштуктар өзбекстандык авиакомпанияны сотко беришти

Мекеге ажылык зыяратка 2008-жылы Кыргызстандан төрт жарым миң киши барып келди.

Мекеге зыяратка барбай калган оштук тургундар макулдашууну аткарбагандыгы үчүн «Өзбекстан аба жолдору» авиакомпаниясынан 150 миң доллар өлчөмүндөгү моралдык жана материалдык чыгымды өндүрүп берүүнү талап кылышып, Ташкент шаардык сотуна кайрылышты.

Ош шаарынан жана облусунан ажылыкка аттанган 49 кишиден турган топ 2008-жылдын 29-ноябрында Ташкент аркылуу Шаржа шаарына учуп, андан ары Мекеге зыяратчылыкка барышмак.

Бирок «Өзбекстан аба жолдору» авикомпаниясы келишимдеги милдеттенмелерин аткарбагандыктан, алар коңшу өлкөнүн борборунда эки күн түнөп, артына кайтууга аргасыз болушкан. Ошол себептүү чыгым тарткан тарап аталган ишканадан ири өлчөмдөгү моралдык жана материалдык чыгымды өндүрүп берүүнү талап кылып Ташкент шаардык сотуна арыз жолдошкон.

- Буга бийликтин тиешеси жок, ошон үчүн биз ойлойбуз сот туура чечиш керек. Андан мурда тынчтык макулдашууга барып көрөбүз “Өзбекстан аба жолдору” менен, - деп билдирди «Азаттыкка» жабырлануучулардын жактоочусу, жергиликтүү укук коргоочу Саидкамол Ахмедов..

Ош облус казысы Сүйүн Калыков алар милдетин алган топтордун Мекеге жетпей калганы болбогондугун, ошондуктан бирөөлөрдүн тилине кирип өз алдынча сапар тарткандар менен чатагы жоктугун кабарлады.

Дин боюнча мамлекеттик агенттиктин түштүк бөлүмүнүн башчысы Курбаналы Узаковдун кебине караганда, жогорудагы факты биринчи эмес:

-Соттошкондо эми бул жерде эки мамлекеттин ортосунда эч кандай доо кетпейт, ушул ар кандай туристтик фирмалар же жеке адам пайда көрүш максатында, жеке кызыкчылык максатында уюштуруп алып, ошондой фактыга дал келип атат. Алар мыйзам чегинде жооп бериш керек. Ага Өзбекстандын бийлиги дагы, Кыргызстандын бийлиги дагы түз көз карашта. Эч кандай бул жерде мамлекет аралык чыр чатактын болушу мүмкүн эмес.

«Акыйкат сот - чындык» укук коргоо борборунун жетекчиси Равшан Гапиров жактоочунун да, мамлекеттик кызматчынын да айткандарына кошулбайт. Жыл сайын Ташкент аркылуу ондогон, жүздөгөн мекендештери ажылыкка аттанат. Бирок алардын бирөө да Өзбекстанда тоскоолдукка тушукпаган учур боло элек. Анткени коңшу мамлекет түрдүү шылтоолор менен оштуктарды учурушпайт же артына кайтарышат:

-Буларды атайын дайындалган, учурбайсың деген органдар болсо соттор эч нерсе кылбайт, арызыңар негизсиз деген чечимдерди чыгарып берет. Ошон үчүн мен айтып атам, бул жерде кудурети жетет жетпейт деген сөздүн кереги да жок. Кыргызстандын президенти тез арада Өзбекстан президентине ошол маселени коюш керек. Президенттик деңгээлде көтөрүлсө гана биздин жарандардын укуктары тикеленет. Болбосо жок.

Равшан Гапиров мусулмандарды ажылыкка жөнөтүү вазийпасын Президент жеке өзү көзөмөлдөмөйүнчө, бул жаатта башаламандык өкүм сүрө берээринен шек санабайт.

Ошол эле учурда серепчилер арасында Бишкек Ташкент менен ар кандай маселелердин тегерегинде теңата сүйлөшүүгө даяр эмес деген пикир күч. Алардын туюмунда бул сапар деле президент Бакиев коңшу өлкө башчысы Каримовго ажылык азабы туурасында ооз ачууга батынбайт.

2008: Борбор Азиядагы кызматташтык абалы

"Азаттык жана Эркин Европа" радиосу маектешкен аймактык эксперттер 2008-жыл жогорку деңгээлдеги саммиттер, жыйындар болгонуна, эки тараптуу визиттер жасалганына карабай, аймактык кызматташтык үчүн эң начар жыл болгонун белгилешүүдө.

Жаңы жылга жаңы үмүттөрдү Борбор Азия аймагы менен бирге караганда, аймактын өкмөттөрү, саясий элитасы артта калган жылдары чече албай келген көйгөйлөр жаңы жылда жөнгө салынабы деген ой келет. Атап айтканда, чек арадан атуулдардын ары-бери каттоосунда уланып келе жаткан кыйынчылыктар менен кыйноолор, жарык менен суунун тартыштыгы чечилеби? Достук жана кызматташтык жөнүндөгү келишимдерге карабай, аймактын тигил же бул өлкөсүнүн чек араны бир тараптуу түрдө жабып салуусу, экинчи өлкөнүн коңшусунан келген мигранттарды күч менен депортациялоосу, суу башындагы жана аягындагы, ошондой эле аны өткөргөн өлкөлөр ортосундагы талаш-тартыштар, чек аралардын такталбай жатышы аяктаган жылды коштоо менен катар жаңы жылдын жана күн тартибине кирүүдө.

Аймактык кызматташтыктын арасат абалы үчүн жалгыз эле Өзбекстан күнөлүүбү ?

"Азаттык жана Эркин Европа" радиосу маектешкен аймактык эксперттер аяктаган 2008-жыл жогорку деңгээлдеги саммиттер, бир катар жыйындар өткөнүнө, эки тараптуу визиттер жасалганына карабай, чөлкөмдүк кызматташтык үчүн эң начар жыл болгонун белгилешүүдө. Казакстандык саясат таануучу Досым Сатпаев аяктаган жылдагы аймактык кызматташтыктын абалын мындайча мүнөздөйт:

- Жыл аймактык кызматташтык жагынан Борбор Азияда эле эмес, бүткүл постсоветтик аймакта эң начар болду. Эгер мисалы КМШны алсак, анын алкагында Орусия менен Грузиянын Кавказдагы согушунан кийин жаңы ыйкы-тыйкылык, кагылышуулар орун алды. Иш жүзүндө КМШ арасат, кандайдыр бир чачырап кетүүчүдөй абалда турат. Евразия экономикалык шериктештигинде болсо Өзбекстан мүчөлүгүн токтотту. Бул да кээ бир регионалдык долбоорлорго терс таасирин тийгизет. Борбор Азияда болсо суу, чек-арадагы талаш-тартыштар боюнча өз ара айыптоолор бул жылы көйгөйлөрдүн чоң топтомун жаратты жана эч ким азырынча аларды чечүү үчүн конкреттүү чараларды сунуш кыла элек. Демек бул жыл алдыга жылуунун эмес, бир орунду тебелөөнүн, айрым учурда артка кетүүнүн жылы болду дегенге кошулууга болот.

2008-жыл Борбор Азиянын ич ара кызматташтыгы үчүн эң начар жылдардын бири болду деген пикирлерге "Азаттык жана Эркин Европа" радиосунун аймак боюнча эксперти Брюс Панниер да кошулат:

- Мен бул жыл Борбор Азиянын чөлкөмдүк кызматташтыгы үчүн мен эстегенден эң начар жылдардын бири болду деп айтар элем. Мунун себеби негизинен жалгыз Өзбекстанга барып такалат. Иш жүзүндө Өзбекстан бул жылы аймактык альянстарга катышууну, мен айтар, элем жакшы коңшу болууну каалабасын көргөздү. Казак президенти Борбор Азия союзунун жаңы формасын ишара кылып, Кыргызстан менен Тажикстан ага көнгөндөй болду эле, өзбек президенти буга бүгүн эле эмес, эртең да кызыкпасын, дегеле бул маселенин кайрадан көтөрүлүшүн каалабасын ачыктады. Эки тараптуу алака башка маселе, бирок алар (Өзбекстан) Борбор Азиянын кызматташтыгын жакшыртуучу аймактык уюмдун бир бөлүгү болгусу келбей жатат. Бул чоң көйгөй болчудай. Анткени Өзбекстан - Борбор Азиянын калган өлкөлөрүнүн баары менен чектешкен жалгыз мамлекет.

Борбор Азиянын төрт өлкөсү менен катар Орусия жана Беларус кирген Евразия экономикалык шериктештигиндеги же ЕврАзЭстеги мүчөлүгүн Өзбекстан жыл соңунда – ноябрь айына барып токтотту. Эми жаңы жылда Өзбекстандын аскерий багыттагы түзүлүш - Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун (ЖККУ) чыгуу ыктымалдуулугу да жоромолдонууда. ЕврАзЭстен кеткенге чейин аяктаган жылдын апрелинде Казакстанда расмий сапар менен болгон учурунда өзбек президенти Ислам Каримов узактан бери айтылып келе жаткан демилге - Борбор Азия өлкөлөрүнүн союзу анын өлкөсү үчүн кабыл алынгыс экенин ачык эле айткан:

- Ар бир өлкө бул демилгеге ал кандай деңгээлде аймактын тигил же бул өлкөсүнүн кызыкчылыгына жооп берерине жараша аныктайт. Дароо эле билдиргим келет. Биз, Өзбекстан үчүн бул демилге кабыл алынгыс. Бул маселе боюнча чайкоочулуктар болбошу үчүн муну бир жолу жана биротоло айтып койгум келет. Эгер Кыргызстан мындай союзду Казакстан менен абдан эле түзгүсү келсе, менимче бул маселени эки өлкө гана чечүүсү керек.

Өзбек президенти апрелде Казакстанда болгон учурунда Ислам Каримов аймактык бирикмелерден майнап чыкпай жатканын да кошумчалай кеткен:

- 1998-жылы Борбор Азиянын экономикалык союзу түзүлгөн. Курамында башында үч өлкө бар эле, кийин Тажикстан кошулган. 2002-жылы Борбор Азиянын экономикалык союзу Борбор Азия шериктештигине айланды. 2005-жылы Борбор Азия шериктештиги да ишин токтотуп, ага кирген мамлекеттер Евразия экономикалык шериктештигине бирикти. Ушул он жылга эле байкоо салсак, биз муну басып өттүк, көп жыйындар болду, бул союзбу же шериктештикпи, аны жандандыруу боюнча көп калоолор, умтулуулар болду.

Ал эми ноябрда ЕврАзЭстин интеграциялык комитетине жолдогон катында, ал уюмдун ишинин натыйжалуулугунан күмөн санап, ага катар ЕррАзЭс өлкөлөрүнүн Орусия, Беларус, Казакстандын Баажы союзуна кирүү принциптерине макул эмес экендигин белгилеген болчу. Өзбекстандык саясат таануучу Ташпулат Юлдашев Өзбекстандын ЕврАзЭстен чыгуу себебин төмөнкү жагдайлар менен түшүндүрөт:

- Өзбекстан Түндүк Корея сыяктуу өзүн-өзү изоляциялоо жолунда бара жатат. Мындагы башкы себеп - Өзбекстандын экономикасы атаандаштыкка такыр жөндөмсүз. Себеби бюджетте отургандар же бюджетти жеген чиновниктер, товар өндүрбөгөндөрдүн жалпы саны ишке жарамдуулардын 60 пайызына чейин түзөт. Бул - катастрофалык абал. Өзбек элин иштегендердин 40%ы гана багууда. Мындай экономика менен өнүгүү мүмкүн эмес. Анткени эл аралык эсептөөлөр боюнча бюджетте отургандардын саны эмгекке жарамдуулардын 40 пайызына жетсе эле катастрофа деп саналат. Бизде экономиканын өнүгүүсү үчүн эч кандай мүмкүнчүлүк жок. Анткени Өзбекстан - ашыкча борборлоштурулган, ашыкча диктаторлошкон, бюрократиялык, директивалык ыкмалар менен гана башкарылган өлкө.

Ал эми кыргызстандык саясат таануучу Орозбек Молдалиев биз менен маегинде Борбор Азиядагы ич ара кызматташтыктын начардыгы үчүн жалгыз эле Өзбекстанды күнөөлөөгө макул эместигин айтты:

- Региондун өзүнчө союз түзгөнүн, региондун өзүнчө интеграцияланып кетүүсүн каалагандар аз чынында. Орусия ЕврАзЭс түзүлгөндөн кийин айтпадабы, баарыбыз бир союзда болгондон кийин Борбор Азиянын экономикалык союзунун эмне кереги бар деп, ал бирикме акырындык менен жоюлуп кетти. Анан эми Өзбекстанга келсек, өлкө президенти ЕврАзЭстин натыйжасыз уюм экендиги жөнүндө бир нече ирээт айткан. Андагы башка мүчө мамлекеттердин сунуштарын Орусия четке кагып жатпайбы. Маселе кыйла таталыраак. Өзбекстанды күнөөлөй коюш жеңил. Кээ бирөөлөр Өзбекстан дезинтегратор деген ат коюуп алып жүрүшөт. Мен буга макул эмесмин.

Суу Борбор Азиянын эң талылуу көйгөйү экени аяктаган жылы дагы бир жолу аныкталды

Көпчүлүк эксперттер суу көйгөйүн болочокто аймакта бириктире алуучу фактор катары аташат. Бирок аяктаган жылы Борбор Азия өлкөлөрү биринчи ирээт беш тараптуу, бирок бир жылга гана эсептелген келишимге кол койо алганы менен кызматташтыктын узак мөөнөткө белгиленген стратегиясы али көрүнбөгөндөй. Узак жана кыйын-кычыктуу сүйлөшүүлөрдөн кийин 18-октябрда беш тараптуу келишимге кол коюлганда Кыргызстандын мурдагы энергетика министри Сапарбек Балкыбеков "Азаттыкка" буларды айткан эле:

- Бул биринчи жолу, союз урагандан бери биринчи жолу болуп жатат. Суу маселелери боюнча беш тараптуу макулдашууга биринчи жолу кол коюлуп жатат. Бул бир жылдык гана мөөнөткө. Быйылкы жылды өтөлү, анан кийинки жылды көрөбүз да.

Суу – энергетика маселелери, утурумдук беш тараптуу келишим кабыл алынганга чейин Борбор Азия лидерлеринин октябрдын башында Бишкекте, КМШ саммитинин алкагында өткөн жыйынында каралган эле. Тармактык жетекчилердин ага чейинки бир нече сүйлөшүүсү натыйжасыз аяктаган.

Өзбек делегациясынын жыйын залынан чыгып кеткени да маалымдалып турду. Ал эми сугат кызыган июль айында Достук каналында суу басымы азайганына байланыштуу Казакстан Өзбекстанга кыжырданган телеграммасын жолдоого аргасыз болгон. Айтор суу башындагы өлкөлөр катары эсептелген Кыргызстан менен Тажикстандын энергетикалык кризисти баштан кечирүүсү, андан улам суунун агымынын чектелиши, жайында сакталган чыңалган абал саясат таануучу Орозбек Молдалиевдин пикиринде, 2008-жыл бул маселеде көпчүлүктүн көзүн ачкан жыл болду:

- Окумуштуулардын сууну товар катары карашыбыз, чогуу экономдоп пайдалануубуз керек деген сунуштарына саясатчылар, жетекчилер көп көңүл бурбай келди эле, быйыл алардын көздөрү жетти. Жаратылыштын бул байлыгын, калыбына келип туруучу булак болсо да, этияттап колдонбосо катострофалык абалга чейин жетип каларын түшүнүштү.

Суу-энергетика боюнча 2008-2009-жылга эсептелген келишимге биринчи ирээт Түркмөнстан да катышып, Тажикстан менен Кыргызстанга кошумча электр кубатын сатууга милдеттеме алды. Аймактык кызматташтыкка Түркмөнстандын аралаша баштоосун, саясат таануучу Орозбек Молдалиев аяктаган жылдын оң көрүнүшү катары баалайт:

- Түркмөнстанда бир топ үмүттөндүргөн иштер болуп жатат. Мурда нейтралдык мамлекетбиз деп жетекчиси Борбор Азиянын жыйындарына кээде келип, кээде келбей койчу. Азыркы президент буга активдүү катышып жүрөт. Түркмөнстандын саясаты өзгөрүп, аймактагы энергетикалык саясатка таасирин көрсөтө баштаганынын белгиси байкалат. Болочокто таасири мындан да көбүрөөк болот.

Борбор Азия өлкөлөрүнүн суу боюнча кызматташтыгын жөнгө салуунун бир жолу катары биргелешкен концорциум түзүү жагы айтылып келет. Бирок бул демилгенин үстүнөн 2008-жылы деле алгылыктуу иш жүрө алган жок. Казак президенти Нурсултан Назарбаев апрель айында моюнга алгандай, буга кайра эле тараптардын бир пикирге келе албай жатканы түрткү берүүдө:

- Суу боюнча төрт, атүгүл беш тараптуу концорциум боюнча биздин мындай каалоо-тилегибиз азырынча болбой жатат. Анткени кайра эле биздин пикирлерибиз ар тараптуу.

Пикирлердин ар түрдүүлүгү демекчи, суу башында жайгашкан Кыргызстан, балким Тажикстан да суу товар катары сатылышына кызыкдар. Суунун төмөн жагындагы өлкөлөрдөн буга өзгөчө Өзбекстан каршы. Атүгүл Өзбекстан Арал деңизине куюлуусу Сырдарыя жана Амударыялардын башында Кыргызстан менен Тажикстан жаңы ГЭСтерди курушун да колдобойт. Өзбек Тышкы иштер министрлиги аяктаган жылдын октябрь айында эки коңшунун мындай пландарын айыптаган билдирүү менен чыкты. Жаңы ГЭСтердин курулушу чөлкөмгө коркунуч, суунун төмөнүндөгү өлкөлөргө экономикалык жоготуу алып келерин белгиледи.

Суу боюнча мунаса табуунун багыттарын аяктаган 2008-жылы чөлкөмдүк эксперттер менен расмий өкүлдөр Еврошаркет менен бирге өткөрүлгөн конференция жыйындардын алкагында да талкуулады. Еврошаркеттин Чыгыш Европа, Борбор Азия жана Кавказ үчүн Суу демилгеси боюнча жумушчу тобунун акыркы отуруму декабрда Ашхабадда өттү.

Казакстандык саясат тануучу Досым Сатпаевдин пикиринде, Борбор Азия өлкөлөрүнүн жарнакташып иштөөсүнө тышкы саясатты аныктаган президенттердин ич-ара мамилелери өңдүү субъективдүү факторлордон тышкары объективдүү себептер да бар. Бирок акыр аягында аймакты суу көйгөйү гана чогуу-чараан иштөөгө мажбурлашы мүмкүн:

- Чынында эле региондун өлкөлөрүндө түрдүү экономикалык система өкүм сүрүүдө, тышкы саясий багытыбыз ар башка. Бул жердеги дагы бир чоң көйгөй - аймактагы өлкөлөр негизинен чийки зат өндүрүүчү экендигинде. Мунун баары кандайдыр бир деңгээлде биригүү жараянын татаалдаштырууда. Себеби Еврошаркеттин мисалы көргөзгөндөй, экономикалык өнүгүүсү жагынан тең мамлекеттер саясий эрк болгондо гана бириге алат. Мунун баары Борбор Азияда азырынча жок. Менимче, суу көйгөйү гана бизди бириктире алат деп ойлойм. Эгер айтылып жүргөндөй, суу-энергетикалык союз же концорциум түзүлсө, бул келечекте интеграциялык башка бирикмелердин түзүлүшүнө биринчи кадам боло алат.

Ал эми кыргызстандык саясат тануучу Орозбек Молдалиев биз менен маегинде аймакта интеграция алга жылуусун башка факторлор менен байланыштырды:

- Бизде интеграция жалаң эле жогорудан болуп жатат. Төмөндөн интеграциялык демилге жок. Ошон үчүн демократиялык жараяндар болуп, эл өзүнүн укугун биригип коргоп, күрөшмөйүнчө бизде интеграция ийгиликтүү болбойт.

Адистердин божомолдоруна караганда, дүйнөлүк каржы кризисинин таасирин Борбор Азия өлкөлөрүнүн экономикасы 2009-жылы даана сезет жана жыл 2008-жылдан да оор болушу мүмкүн. Мындай шартта аймаактык кызматташтык алдыга жылабы же артка кетеби, муну убакыт көргөзмөкчү.

Батыш басма сөз каражаттары каржы кризиси тууралуу жазат

Кыргызстандагы электр кубатынын тартыштыгы суу маселесин жаратып жатканы жана дүйнөлүк каржы кризисинин алгачкы соккусу жакыр өлкөлөргө тийип жаткандыгы тууралуу батыш басма сөз каражаттары жазышууда.

“Электр энергетикасына болгон тартыштык аз келгенсип, Кыргызстандын элет аймактарында жашаган тургундар таза сууга зар боло баштады. Электр энергетикасы болбой туруп, өлкөнүн жаңы суу таркатуу системасы жараксыз болуп калган” деп жазылат Eurasia View интернет баракчасында жарыяланган макалада.

Кыргыз өкмөтү кийинки 7 жылдын аралыгында, 509 айыл-кыштактын таза суу системасын кайра калыбына келтирүү максатында күткөн долбоорго 70 миллион долларга тең каражатты бөлгөнү маалымдалып, макалада электр энергетикасы жыш түрдө үзгүлтүккө учурагандыктан жаңы система айрым айылдарда ишке жарабай калганы ырасталат.

Аталган интернет баракчасында жарыяланган дагы бир макалада Азербайжандын Тоолуу Карабак жаңжалын жөнгө салуу максатын күткөн иш-аракеттер талдоого алынган. “ЕККУнун Тоолуу Карабак тынчтык жараянына караган Минск тобу бул жийеленишкен жаңжалга эмки жылы чечим табылып каларына чоң үмүт артып жатканына карабай, Бакудагы саясий байкоочулар бардык маселелерди кучагына алган кеңири көлөмдүү бир келишимдин эмки жылда табыларына шектүү көз караш билдиришүүдө” деп жазылат макалада.

Автордун пикирине ылайык, Орусиянын Абхазия менен Түштүк Осетияны таануусу Карабак чатагын болгонундой калтыра бериш кандайча натыйжаларга алып барары тууралуу батыштын көзүн ачып койгон. Экинчиден, Азербайжандын бийлигинин, чатакты курал жолу менен чечүү аймакта проблемалардын ого бетер ырбап кетерине көзү жетти деп ырастаган автор, бардык ушундай далилдерге карабастан, Минск тобу эмки жылы такалган туюктар жоюлуп чечим жолунун ачыларынан үмүтүн үзбөгөнү бышыкталат.

International Herald Tribune гезитинин өткөн жумадагы сандарынын биринде чыккан көлөмдүү макалада, Борбор Азия өлкөлөрүнөн Орусияга мигрант жумушчу катары кеткен кишилердин көйгөйлүү тагдыры чагылдырылат. Дүйнөлүк каржы кризиси өнүккөн өлкөлөрдүн экономикасын алда качан эле аңтар-төңтөр кылган менен, кризистин толкундары аста секин жакыр өлкөлөрдүн жээгин соккулай баштаганы белгиленип, макалада мунун алгачкы курмандыктары мигрант жумушчулар экени айтылат.

The New York Times гезити жума күнкү санында Түркиянын мусулманчылыкты бекем кармаган жаңы тап бизнесмендеринин, дүйнөнүн эң эле катуу секулярдуу өлкөсүндө, динди бекем кармаган бир партияны бийликтин жогорку эшелондоруна чейин көтөргөн таржымалын талдоого алган. Бул жаңы тап өзүнүн каймак кыртышын жаратып, өлкөнүн экономикасында чоң сөз ээси боло баштаганы далилденип, макалада кийинки ондогон жылдардын ичинде бир эле өлкөдө жашаган бул карама-каршы эки таптын ортосундагы айыгышкан экономикалык саясий таймаш таанымал саясий комментатор Сабрина Тавернистин (Sabrina Tavernis) кылдат элегинен өткөрүлөт.

2008 - кыргыз спортунда ийгиликтүү жыл

2008-жыл да аяктап келатат. Быйылкы жылдын эң негизги жана маанилүү мелдеши - Бээжинде олимпиадалык оюндар өткөрүлдү. Чынында 2008-жыл кыргыз спорту үчүн ийгилик алып келгени менен чоң сыноо болду.

Албетте, жылдын башынан бери кыргызстандык спортчулар эларалык ареналарда ийгиликтерге да жетише алышты. Айтсак, грек-рим, эркин күрөштө, оор атлетика менен жеңил атлетикада, кикбоксинг менен тайбокс, самбо, таэквондо боюнча жылдан жылга оозго алынып келаткан спортчулар ийгиликтерди жаратышты. Улуттук көкбөрү оюнунда Кыргызстан Казакстанды утуп, кайрадан биринчи орунга чыкты.

Быйыл жалпы күйөрмандарды сүйүнткөн окуя – Бээжин олимпиадасына барган 20 спортчудан грек-рим күрөшү боюнча Азия чемпиондору Руслан Түмөнбаев менен Канатбек Бегалиевдин мөрөй алганы болду.

Өлкөнүн Дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары Алмаз Касеновдун айтымында, 2008-жыл кыргыз спортуна зор олимпиадалык ийгилик алып келди.

Бээжин олимпиадасы кыргыз спорту үчүн сыноо болду

Чынында спорт адистери кыргыз спортуна жакшыбы, жаманбы, аны 2008-жылдагы Бээжин олимпиадасынын жыйынтыгы боюнча баа берип жатышат.

Себеби быйыл дүйнө коомчулугунун көңүлүн бурган Кытайдын борбору Бээжинде жайкы олимпиада болуп, анда 205 өлкөнүн спортчулары мөрөй талашты. Негизги басым да быйыл ушул Бээжин олимпиадасына даярдык көрүүгө жана олимпиадалык таймашуулар болду.

Өтүп бараткан жылдын мыкты спорттук федерациясы деген сыйга өлкөнүн грек-рим күрөшү федерациясы татыктуу дешүүдө спорт адистери. Ушундай сыйлык дагы жоопкерчиликтүү иштеп, Кыргызстанды дүйнөгө таанытууга милдеттендирээрин федерациянын президенти Бейшен Абилдаев билдирди.

Бээжин олимпиадасына кыргызстандык эки балбан грек-рим күрөшүнөн коло жана күмүш байгелүү болушту. Калыстардын айынан Канатбек Бегалиев олимпиадалык алтын байгеден куру калып, күмүш медаль тагынды. Бээжинде олимпиада оюндарынын таймаштары тууралуу Азия чемпиону, дүйнө чемпионатынын жана олимпиаданын күмүш байге ээси Канатбек Бегалиев мындай деди:

- Мен өзүмдүн алдыма койгон максаттарыма жеттим. Мени өзүнө чакырган өлкөлөр арбын болууда. Бирок мен кыргыз намысын гана бийик көтөргүм келет. Мага Кыргызстанда эле шарт түзүп, камкордукка алып жатышат. Олимпиадада атаандашым французга калыстар тартып койгонун жалпы эл, спорт күйөрмандары көрдү. Ошондуктан Лондон олимпиадасында алтын медаль үчүн күрөшүшүм керек деген максатым бар. Калыстардын айынан колдон чыккан намысты кайрып алаар күн алыс эмес.

Мурдагы жылы да Кытайдын Гуанжу шаарында өткөн эркин жана грек-рим күрөшүндө да Канатбек Бегалиев финалда кытайлык балбан менен күрөшүп таза жеңишке жетсе да калыстардын айынан алтын байгеден куру калып, күмүш медаль тагынган. Спорт адистери, коомчулук дагы Канатбек Бегалиевди жылдын мыкты спортчусу атап, анын чеберчилигине жогору баа беришүүдө.

Быйыл Бээжиндеги олимпиадалык таймашууда грек-рим күрөшүнөн байгелүү үчүнчү орунду ээлеген балбан Руслан Түмөнбаевдин айтымында, алдыда дагы дүйнөлүк, Азиялык чемпионаттар жана Лондон олимпиадасы турат.

Бээжинде мөрөй алышкан эки балбан Руслан Түмөнбаев менен Канатбек Бегалиевди жылдын мыкты спортчуларынын тизме башына койгонго татыктуу.

Өлкөнүн олимпиадалык даярдоо борборунун жетекчиси Касымкул Оболбековдун пикиринде, Бээжиндеги олимпиадалык таймашууларда Кыргызстан 2005 өлкөдөн 65-орунга жетүүсү жана эки балбандын ийгилик жаратуусу даярдыктын дурус болгонун айгинелеп турат. Анын айтымында, спортко болгон мамилени өзгөртүп, дүйнөлүк ыргактан калышпай жаны тажрыйбаларды колдоно билүү зарыл.

Өтүп бараткан жылдын мыкты спортчусу деп оор атлетика боюнча Азия чемпионатында алтын медаль уткан Улан Молдодосовду атоого болот. Ал Бээжиндеги олимпиадада он биринчи орунду ээледи.

Азиянын көп жолку чемпиону Татьяна Ефимнеко 8 жыл мурда Пусанда 14-Азия оюндарында чемпион аталса, быйыл Азиянын бешинчи ирет чемпиону болгону менен Бээжинде күйөрмандардын үмүтүн актай албады.

Кыргыз спорт тарыхында төрт ирет удаасы менен Азия оюндарында мөрөй алган велоспортчу Евгений Ваккерди быйылкы жылдын мыкты спортчусу деп атоого болот. Бирок ал быйыл Азия чемпиону болгону менен Бээжин олимпиадасына жолдомо албай калды.

Евгенийдин мындай ийгиликтерге жетүүсүнө Германияда жашап, чет өлкөлүк клубдарда машыкканы өбөлгө болууда.

Жылдын 10 мыкты спортчусунун катарына быйыл жаштар арасында грек-рим күрөшүнөн Азия жана дүйнө чемпионаттарында алтын медаль уткан Калыбек Жолчубековду кошууга толук негиз бар.

Ошондой эле 2008-жылы Азия чемпионаттарында мөрөй алышкан балбандар Данияр Көбөнов, Алексей Ялома, Арсен Эралиев, оор атлетчилер Алексей Дудин, Султан Молдодосов, Бекзат Осмоналиев Кыргызстанды таанытышты. Айрыкча, Азиянын эки жолку чемпиону Данияр Көбөновдун Бээжин олимпиадасына жолдомо албай калышы күйөрмандарын өкүндүрдү.

Ошондой эле бильярд боюнча дүйнө чемпиондугун үчүнчү ирет жеңип алган Каныбек Сагындыковду да жылдын мыкты спортчусу деп атаса жарашат. Себеби Каныбек быйыл дагы дүйнөдөгү эң мыкты 8 бильярдчынын катарына кирди.

Бел кур күрөшү боюнча Африкада кеч күздө өткөн дүйнө чемпионатында кыргызстандык балбандар 4 алтын байгелүү болуп, кыргыз өңүн дүйнөгө таанытышты. Дүйнө чемпиондору Куралбек Ордобаев, Нияз Курманкулов, Азат Эркинбаев жана Асылбек Бөдөшевди жылдызы жанган жылдын мыктылары десе жарашат.

Экономиканын кесепети спорт тармагына дагы тийүүдө

Кыргызстандын саясый-экономикалык абал кыргыз спортуна да көп жылдан бери өзүнүн залакасын тийгизип келет. Каражаттын жоктугунан стадиондор менен спорт залдар талкаланган. Спортчулар менен машыктыруучулар чет өлкөлөргө кетип жатышат. Ал аз келгенсип, былтыртан бери облусттук спорт комтеттерин жоюп жиберүү айылдык спорттун тамырына балта чапкандай таасир калтырды. Талас облусттук «Ден соолук» борборунун жетекчиси Шаршенбек Конгантиевдин айтымында, кыргыз спортунда мактанаарлык иш-аракет жок.

Анан да кыргыз спортунун жашоо-турмушу ачык-айкын болсо дешет спорт адистери. Себеби спортко канча акча бөлүнөт, быйылкы Бээжин олимпиадасына кандай даярдык көрүлдү, ага канча акча сарпталды, аны эч ким так билбейт.

Бирок спортко өкмөттөн керектүү суммада каражат бөлүнүп жатат, баары жайында быйылкы ийгиликтер катааттандырат дейт өлкөнүн дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агентигинин жетекчисинин орун басары Алмаз Касенов.

Өлкөнүн улуттук олимпиада комитетинин президенти Мурат Саралинов өтүп бараткан жылдын жыйынтыгына баа берип, алдыдагы 2009-жылы боло турган мелдештер тууралуу “Азаттыкка” айтып берген эле.

-Бээжиндеги олимпиадада бир коло, бир күмүш медаль жеңдик деп жатабыз. Бул көп жылдан бери талыкпай аракет кылган грек-рим күрөш федерациясынын, машыктыруучулардын жана балбандардын мээнетинин акыбети. Эгерде аларга мындан дагы жакшы шарт түзсөк, анда дагы ийгиликтер болмок. Айрыкча Данияр Көбөнов менен Жанарбек Кенжеевдин мээнети акталбай, арманда калышты. Эркин күрөш балбандары Бээжинде үмүттү актай алышпады. Бирок алар Кыргызстандын өзүндө тарбия-таалим алгандар болсо дурус болмок.

Бээжинге жолдомо алган үч балбан тең Орусиянын жарандары. Велоспортчу Евгений Ваккер Кыргызстанда эмес, Германияда жашап, германиялык клубда машыгат. Бирок Ваккер быйыл Азия чемпиону болгону менен Бээжинге жолдомо албай калганы өкүндүрөт. Ал Кыргызстандын намысын биринчи кезекте өзүнүн туулуп өскөн өлкөсүнө болгон патриоттуулугунан эмес, эларалык чоң-чоң мелдештерге, дүйнөлүк чемпионат менен Олимпиадалык оюндарга катышыш үчүн коргоп жүрөбү деген да ой келет. Себеби Германия курама командасына ал мүчө боло албайт, анткени ал жакта андан күчтүү спортсмендер жүздөп саналат.

Женил атлетикадан Азиянын көп жолку чемпиону Татьяна Ефименко да жыл сайын эле спорткомитети жакшы көңүл бөлбөй жатканын айтып келет. Айласы кеткенде быйылкы жылы дээрлик толугу менен чет өлкөлөрдө машыгып, ошол жакта мелдештерге катышты. Бирок ал Бээжинде кыргызстандык күйөрмандардын ишенимин актай алган жок.

Ошондой эле Бээжинге жолдомо алышкан эркин күрөш балбандары Алексей Крупняков, Базар Базаргуриев жана Арсен Гитинов да орусиялык спортчулар, алар өз өлкөсүндө курама командага илинбей калышып, биз үчүн күрөшүп жүрөт. Демек, алардын жеңиштерде биздин спорткомитеттин, өкмөттүн салымы канчалык? Айтуу кыйын. Эми бул эмнени билдирет? Бул биздин Кыргызстанда жакшылап машыгууга шарт начар экендигин билдирет. Спорт тармагына өкмөттүк деңгээлде камкордукка алуу тууралуу айтылган менен жер- жерлерде ишке ашпай келатат. Айрыкча эркин күрөш, бокс, оор атлетика федерациялары иш-аракеттерине терең талдоо жүргүзүп, жаштарга шарт түзүп берүүсү зарыл.

Билим берүү министрлиги менен кесиптик билим берүү агенттиги дене тарбия багытында иш жүргүзгөнү байкалган жок. Пландоо менен иш жүргүзүп, анализдеген эч ким жок. Кыргыз спорту ишкерлердин жана энтузиасттардын аркасы менен жашап келатат.

Спорт күйөрмандары келечекке үмүт менен карашат

Эми алдыда 2009-жылы Сингапурда жаштар арасында Азия оюндары, Бангкокто чыгыш өнөрлөрү боюнча Азия оюндары, Вьетнамда жабык имараттардагы Азия оюндары, Сербияда бүткүл дүйнөлүк суденттердин универсияда мелдештери болмокчу. Лондон олимпиадасына азыртан даярдык көрүүбүз зарыл.

Жылдын жыйынтыгы калыстык менен чечилбей балбандар менен оор атлетчилерден бөлөк дагы мыкты ийгилик жараткандардын мээнети бааланбай калганын шахмат боюнча Азиянын эки жолку чемпиону Семетей Төлөгөн тегиндин атасы Төлөгөн Исаев айтып, нааразы пикирин билдирди.

Спорт күйөрманы жана демөөрчүсү «Шоро» фирмасынын президенти Табылды Эгембердиевдин айтымында, 2008-жылы олимпиадалык спорт түрлөрүнө басым жасалып, кыргыз улуттук спортуна көңүл бурулбай, аш-тойлордо гана ойнолуп калды. Эгемендүү өлкөдө бир дагы ордо оюн аянтчасы жоктуну өкүндүрөт.

Белгилүү марафончу, эл аралык спорт чебери Назирдин Акылбековдун айтымында, кыргызды дүйнөгө таанытуучу улан-кыздар арбын. Аларга шарт түзүп, камкордукка алуу гана зарыл.

- Биринчи кезекте өз жерибизде спортчуларга шарт түзүп бериш керек. Ал эми күрөштөгү калган медалдар кыргыздын менталитетине (күрөшкө жакындыгы) байланыштуу деп ойлойм. Азыркы мыкты балбандарыбыз өспүрүм кездерин эгемендигибиздин алгачкы жылдарында айылда өткөргөн балдар жалаң карандай чай менен эле чоңоюшту. Анан шаарга келип кичине өзөк жалгап, жаштар арасында ийгиликке жетишип, чоңдорго келгенде эле утулуп калып жатышат. Эгерде балбандарыбызга жакшылап көңүл бурулса мүмкүн алтын медалга деле ээ болмокпуз.

“Дордой-Динамо” клубу жыл башында “Шериктештик” кубогуна катышканы менен жеңишке жете алган жок.

.

Күзүндө Азия футбол конфедерациясынын президентинин кубогу үчүн мелдештин финалдык бөлүгү “Спартак” стадионунда болду. Ага Тажикстандын чемпиону “Регар-ТадАЗ”, Түркмөнстандын “Ашхабад”, Непалдын “Непал-Полиси” жана Кыргызстандын “Дордой-Динамосу” катышты.

Финалдык оюнга Тажикстан менен Кыргызстандын чемпиондору чыгып оюн тең аяктагандыктан, пенальти тебүүдө 4:3 упайы менен “Регар-ТадАЗ” АФК президентинин кубогунун жеңүүчүсү аталды. Эскерте кетсек, буга чейин бул турнирди “Дордой-Динамо” эки ирээт утуп алган. Ошондой эле Кыргызстандын футбол боюнча тандалма командасы Бишкекте Ооганистандын футболчуларынан жеңилүү ызасын тартышты.

Ал эми кикбоксинг жаатына кайрыла турган болсок быйыл Ален Оффое Европанын чемпиону наамына жетти. “Кара кыргыз” аты менен таанымал болгон бул спортчу бир нече атаандаштарын жеңүү менен финалдык беттешүүдө беларус Замин Гусейновду утуп WBKF версиясы боюнча чемпион болду.

2008-жылы кыргыз спортун өнүктүрүүгө өлкө казынадан 160 млн. сом жумшалган. Бул сумма чет өлкөлөрдө он чакты спортчунун бир жылдык машыгуусуна коройт. Кыргызстанда болсо бул каражат миңдеген спортчуларга жетиши абзел. Эгер кыргыз спортчулары Лондон олимпиадасында ийгилик жаратсын десек, келээрки жылдан тарта дене тарбияга жетиштүү каражат бөлүнүп, спортчуларга шарт түзүү зарыл шекилдүү.

Спорт менен саясат аралаштыбы?

Президенг К. Бакиевдин улуу баласы Марат Бакиев Дзю-до Федерациясын жетектейт.

Ошондой эле 2008-жыл президент Курманбек Бакиевдин уулдары, иниси жана жакын санаалаштары спорттун айрым федерацияларына жетекчилик кылуусу менен да эсте калчудай. Улуу баласы Марат Бакиев ок атуу жана дзю-до күрөшү федерацияларын жетектесе, кичүү уулу Максим Бакиев жалпы күрөш федерациясынын президенти.

Дагы бир иниси Адыл Бакиев өлкөнүн каратэ-до федерациясына жетекчи болуп шайланган. Президенттин мурдакы жардамчысы, сот департаментине жетекчи болуп дайындалган Айбек Алыбаев футбол федерациясына президент болуп шайланды. Экономика министри Акылбек Жапаров өлкөнүн шахмат федерациясынын жетекчиси болсо, транспорт прокурору Абдибакыт Халмурзаев бокс федерациясын, бажы тармагын мурда башкарган Салайдин Айдаров оор атлетика федерациясынын президенти. Дагы айта берсе тизме узара берет.

Мына ушундай окуялары менен 2008-жыл тарыхта жана спорт күйөрмандарынын эсинде калды.

2008: Каспийден куру калгандар

Каспийдин жээгиндеги мунай соруп алчу станция

2008-жылдын башында дүйнөдө мунай менен газ өтө кымбат сатылчу. Энергетикалык коопсуздукту ойлоп, Каспийдин байлыгына көз арткандар көбөйдү. Бирок жыл этегинде мунай кескин арзандап кетип, абалды бир топ өзгөрттү.

Жыл башында жаратылыш газы менен мунайга бай Каспийдин көпчүлүк бөлүгү Орусиянын карамагында тургандай сезилген.

Стратегиялык артыкчылыктар бар экенине ишенген «Газпром» компаниясы 2008-жылы Түркмөнстан жана Казакстан менен Каспийди бойлото түндүк-чыгыш тараптан куурларды жаткыруу боюнча келишимге кол коет. Ал эле эмес, бул эки мамлекет менен кошо Азербайжандан да газды «Европадагы баа» менен сатып алууга келишет.

Макулдашуунун «Газпром» үчүн дагы бир жагымдуу жагы – Азербайжан менен Түркмөнстан бул компанияга ушул аймакта канча газ өндүрсө, баарын ала берүүгө уруксат беришкен. Эгерде баары ойдогудай болуп турганда, Орусия өзүн газ менен толук камсыздап, андан артканын Батышка кымбатыраак кылып сатмак.

Италиялык аналитик Федерико Бардонаро (Federico Bordonaro) Орусиянын философиясын түшүндүрүп жатып: «Европалыктарга газ керек. Орусия ал газды бере алат. Демек, саясий-экономикалык маанилүү чечимдерди Орусия Евробиримдиктен мурда кабыл ала алат», - деди.

Бирок Москва пландагандай болбой калды

Июлда ар бир баррели 150 доллардан сатылып жаткан мунай декабрда 40 доллардан ашпай калды. Мунун таасири орус энергетикалык секторуна заматта тийди көрүнөт. Каспий боюнча анда үлүшү бар мамлекеттерге буга чейин сүйлөшүлгөн бааны эми «Газпром» төлөйбү же «Лукойлбу» деген суроо айтыла баштады.

Келишимди кайра өзгөртүү боюнча «Газпромдун» сунушун Баку да, Тбилиси да жактырган жок.

Каспий байлыгына көз арткан мергенчилердин дагы бири - Европа Биримдиги

Буга чейин газдын айынан Украина менен Беларусту кышында тоңдуруп койгонго чейин жеткен Орусиядан Евробиримдик бир топ эле чочулап калган. Анткени Евробиримдик өзүнө керек газдын 40% Орусиядан сатып алат. Азыр ал газды Орусия эмес, башка жолдор аркылуу тапканга аракет кылууда.

Расмий Брюссель, мисалы, «Набукко» кууру шаркетке жылына керектелчү 30 млрд.куб метр газды таап бере алат го деп үмүттөнөт. Бирок бул куур аркылуу газ ташуу үчүн деле анын баарын болбосо да, кайсыл бир бөлүгүн сөзсүз Азербайжандан, Түркмөнстандан же Казакстандан алышы керек. Бул жагынан алып караганда, 2008-жыл Евробиримдик үчүн да жемиштүү болбоду окшойт.

Бир чети, «Набуккого» Азербайжан аркылуу түркмөн же казак газын Каспийдин чыгышынан алып өтчү транс-атлантикалык куур жок. Экинчи жагынан, Азербайжан менен Түркмөнстандын өкмөттөрү деле акыркы 10 жылдан бери европалыктар менен кызматташууга дилгирлигин көрсөтпөй келишет. Евробиримдик жана АКШнын тыгыз кийлигишүүсү менен гана ал өкмөттөр сүйлөшүүгө ынанышты.

Ноябрда Евробиримдиктин жетекчилиги чогулуп, 2009-жылы Каспий Өнүгүү Консорциумун түзөбүз деп макулдашышты. Бирок 2008-жылдын этегинде глобалдык экономикалык кризис улам өсүп баратканын эске алганда, Евробиримдик да, Орусияга акшоп, акча таппадык дегендей таризде бул планын ишке ашырбай калышы ажеп эмес.

Каспийдин кенине сугунуп тургандардын артында Кытай да бар

Кытайдын улуттук мунай корпорациясы - өндүрүштү бөлүп алуу боюнча Түркмөнстан менен келишимге жетишкен жалгыз чет мамлекеттик ишкана. Быйыл Кытайдын компаниялары Өзбекстанда мунай менен газды таап-өндүрүү, казак мунайын темир жол аркылуу Кытайга алып келүү боюнча документтерге кол кое алышты.

Лондондогу кытайлык экономикалык эксперт Гарет Лизер (Gareth Leather) Бейжиндин аракеттерин түшүндүрүп жатып: «Кытай, адатта, ачык базардан товарларды импорттоого анча кызыкпай келген. Ал көбүнчө мамлекеттин өзүнө барып туруп, ал жактагы чийки кенди өндүрүп алуу үчүн инфраструктурага инвестиция жасайт. Кытай менен бул жаатта иштешкен мамлекеттер чийки материалдарын сатып гана калбастан, инфраструктурасын да Кытайдын эсебинен тургузуп калышууда. Башкача айтканда, эки утушка ээ болушат», - дейт.

Кытай газ жана мунай боюнча бир эле учурда Казакстан жана Түркмөнстан менен куруп жаткан куурлардын алды келерки жылдан тарта иштей башташын эске алганда, 2009-жылы Каспийде Кытайдын мааниси арта тургандай.

2008: Борбор Азияны бойлогон окуялар

Аяктаган 2008- жыл Борбор Азия өлкөлөрү үчүн кандай болду, эмнеси менен эсте калды? Бириктире келгенде 50 миллиондой калкы бар аймактын беш өлкөсүнүн ар биринде, жыл ичи жергиликтүү мүнөздөгү ондогон окуялар орун алды. Алардын айрымдары кубантарлык, кай бирлери кайгылуу.

Бирок аяктаган жылдын ортосуна чейин энергия булактары менен азык-түлүккө баанын асмандашы, ал эми жыл ортосунан тарта дүйнөлүк каржы кризинин экинчи толкунун капташы, биз маектешкен аймактык эксперттер белгилешкендей, Борбор Азия өлкөлөрүн да тепчип өткөн негизги жараян болду. Ал эми аймактын Кыргызстан жана Тажикстан сыяктуу өлкөлөрү буга кошума энергетикалык кризисти баштан кечиришти.

Казакстан: Экономикалык кризис социалдык чыңалууну күчөттү

Борбор Азиянын эл аралык экономикага, баалуу кагаздар базарына, банк системасына көбүрөөк аралашкан өлкөсү – Казакстан аймактын глобалдык каржы кризинен эң көп жапа чеккен өлкөсү болду. 2008-жыл Казакстан үчүн экономикалык кризистин белгиси астында өттү. Мындай ырастоого алматылык саясат таануучу Досым Сатпаев да кошулат:

- Экономикалык пландагы көйгөйлөр кыйла актуалдуу жана кыйла татаал болду жана баардык чөйрөлөрдү: экономикадан тартып, социалдыкка чейинкини камтыды. Андыктан бул жылы талаш-тартыштардын, талкуулардын көбү саясат эмес, экономикага арналды. Анын үстүнө сөз жөн эле кризис менен күрөшүү жөнүндө эмес, Казакстандын келечеги тууралуу жүрүп жатат. Анткени бул кризис Казакстандын өнүгүүсүнүн азыркы экономикалык моделине олуттуу сокку урду. Анын жетишпеген жана алсыз жактары арбын экени көрүндү. Кризис муну даана ачыктады.

Казак бийликтери өлкөдө кризис бар экенин, экономика баардык багыттан сокку жеп жатканын жыл ортосунан кийин глобалдык каржы кризисинин экинчи толкуну башталгандан кийин моюнга алгансыды. Өкмөт антикризистик программасын жыл соңуна барып, 25-ноябрда гана бекитти. Ага ылайык кризистин кесепеттерине каршы күрөшүү үчүн улуттук жана пенсиялык кордон, мамлекеттик бюджеттен 10 миллиард доллар сарпталат. Калк унута түшкөндөй болгон пикет-митинг өңдүү нааразылык чаралар да аяктаган жылы Казакстан үчүн көнүмүшкө айланды. Саясат таануучу Досым Сатпаев жыл ичи өткөн нааразылык чаралардын мүнөзүн мындайча чечмелейт:

- Социалдык-экономикалык абалдын начарлашы социалдык чыңалуунун күчөшүнө алып келгени түшүнүктүү. Бирок бул социалдык чыңалуу азырынча так саясий формага ээ эмес. Албетте уруксат берилбеген митингдер, пикеттер, жүрүштөрдүн саны көбөйдү, бирок алар негизинен конкреттүү көйгөйлөр боюнча бири-бири менен байланышы бар адамдардын тобу тарабынан өткөрүлүп жатат. Ал көйгөйлөр болсо кризистин кесепеттери менен байланышта. Курулушка акчасын салганы менен турак-жайы бүтпөй калган адамдар, ипотекалык кредит алып, төлөөгө кудурети жетпей калгандар, соцалдык жактан аз корголгон адамдар көчөгө чыгып жатты. Бул топтун ар бири өз кызыкчылыгын коргоодо. Азырынча Казакстанда бул чачыранды социалдык кыймылдарды бир муштумга бириктире алгыдай күч жок. Андыктан, Казакстанда саясий система үчүн реалдуу коркунуч бар деп айтыш, азырыча эртелик кылат. Анткен менен кризис кандай болгон күндө да, социалдык чыңалуунун деңгээлин көтөрдү.

Ал эми саясий турмушта аяктаган жылдын экинчи жарымынан тарта өлкөдө мөөнөтсүз парламенттик шайлоо өтөт деген күбүр-шыбырлар жүргөнү менен андай окуя орун алган жок. Казакстан 2010-жылы ЕККУ уюмунда төрагалык кылары мерчемделгендиктен, казак бийликтеринин дарегине жыл бою эл аралык коомчулуктан, жергиликтүү демократиялык күчтөрдөн учурунда берилген убадаларды аткаруу чакырыктары айтылып жатты. Президент Нурсултан Назарбаев июнь айында Астанда ЕККУнун Парламенттик ассамблеясынын жыйыны өткөндө болочок өзгөрүүлөр тууралуу мындай деген эле:

- Биринчиден, парламентти кеминде эки партиядан курууга жол берген укуктук механизмди түзүү. Экинчиден, партиялардын мамлекеттик катттодон өтүшү үчүн жагымдуу шарт түзүү. Үчүнчүдөн, электоралдык жараяндын жол-жобосун өркүндөтүү. Төртүнчүдөн, массалык-маалымат каражаттарынын ишмердигин жөнгө салган ашыкча бюрократиялык тоскоолдуктарды алып салуу зарыл.

Айткандай эле аяктаган жыл ичи Казакстандын ЕККУдагы болчок төрагалыгын эске алуу менен айрым бир мыйзамдарга өзгөртүүлөр киргизилди. Алматылык саясат таануучу Досым Сатпаев бул багытта жасалган иштерди биз менен маегинде төмөнкүчө баалады:

- Казакстандын жетекчилиги азыр саясий реформалардын кандайдыр бир иммитациясын түзүүгө аракеттенип жатат. Биринчиден, парламентте экинчи партиянын пайда болуусуна каршы эмес экендигин билдирүү менен. Бул албетте жомоктой көрүнүшү мүмкүн. Себеби ал партия оппозициячыл деген рамий макам алганы менен президентчил болот. Көрүлгөн башка чаралар деле жарым-жартылай планда. Массалык маалымат каражаттары боюнча мыйзамга киргизилген өзгөртүүлөр, өкмөттүн пикиринде, журналисттердин ишин жеңилдетет. Журналисттердин көз карашында болсо, эч нерсени деле олуттуу өзгөрпөйт. Саясий партиялар жана шайлоо жөнүндөгү мыйзамга киргизилген өзгөртүүлөр да косметикалык мүнөздө. Алар саясий партиялардын катталуу жараянын жеңилдетпейт. Демек мыйзамдарга киргизилген өзгөртүүлөр эл аралык коомчулукка гана эсептелгендей жана көбүнесе үстүрт мүнөздө гана болду.

Тажикстан: Элдин эсинде энергетикалык кризис калды, диний кырдаалды көзөмөлдөө аракети күчөдү

Тажикстандык журналист, талдоочу Марат Мамадшаев аяктаган жыл тажикстандыктар үчүн эмнеси менен эсинде калды деген сурообузга:

-Баарынан мурда, албетте, кышкы суук менен байланышкан көгөйлөр, электр кубатынын жоктугу менен эсте калды. Өлкөдө Санксуди, жана башка кичи ГЭСтер ишке берилгенсиди, бирок алар көйгөдү чече албайт. Экинчиси- инфляция, баалардын өскөнү. Маселен КМШнын Статистикалык комитетинин отчету боюнча Тажикстанда инфляция бул жылы эң жогору болду. Андыктан ушул эки нерсе: баалардын дүркүрүп өсүүсү жана энергия булактарынын жетишсиздиги эң көп талкууланган маселе болду.

Аяктаган жыл ичи Тажикстандын саясий турмушунда олуттуу деле бурулуштар болгон жок, бирок журналист Марат Мамадшаевдин пикиринде, өлкөдө жаңы диний агымдын коркунучу жөнүндө көп сөз жүрдү:

- Ачык айтканда, курч саясий билдирүүлөр болгон жок. Атүгүл энергокризистин учурунда да саясий партиялар кыйла пассивдүүлүгүн көргөзүштү. Мен бул жылы жаңы диний агым же секта дейбизби, салахиттердин Тажикстанга коркунучу жөнүндө көп сөз болду деп айтаар элем. Мисалы, буга чейинки Хизб-ут-Тахрир жөнүндө бул жылы угулган да жок. Мурда кезектеги хизбут-тахрирчи камалганы жөнүндө маалымдап турган укук коргоо органдары да бул жылы бизге эч нерсе айтышпады. Салахиттер - бул исламдын жаңы түрү.

Айткандай эле аяктаган жыл ичи Тажикстанда өкмөт тарабынан диний кырдаалды көзөмөлдөө аракеттери күчөтүлдү, ондогон мечит-медреселер жабылды, кыз-келиндердин окуу жайларда хижабчан жүрүүсүнө каршы аракеттер көрүлдү, "Иегованын күбөлөрү" деген христиан диний уюмунун иши сот тарабынан токтотулду.

Ал эми өлкөнүн тышкы саясатында аяктаган жылы орун алган жараяндар тууралуу Марат Мамадшаев төмөнкүдөй байкоолору менен бөлүшөт:

- Тажикстан Орусиядан оолактооодо, анын жаңы өнөктөштөрү пайда болуп жатат. Маселен, Иран араб өлкөлөрү менен байланыштарга көңүл бурууда. Тажик элитасынын Орусиядан көңүлү калды деп айтууга болот. Бул көбүнесе Орусия чечүүчү долбоор катары эсептелген – Рогун ГЭСин бүтүрүүгө убада берип, бул убадасын орундабаганына байланыштуу. Интеллигенция тажик бийликтеринин мындай саясатына түшүнүү менен карап жатат, бирок калктын негизги катмарында орусиячыл маанай күчтүү.

Өзбекстан: Багыт кайрадан Батышка бурулдубу, адам укуктары жаатындагы абал оңолдубу?

Сөз эркиндиги жок Өзбекстанда коомдук көйгөйлөрдү маалымат каражаттары аркылуу ачык талкуулоо мүмкүн эмес. Ташкенттик саясат таануучу Ташпулат Юлдашевдин пикиринде, ачыкка чыкпаганы менен аяктаган жылы баалардын кымбаттоосу өзбекстандыктардын негизги түйшүгү жана алар ич ара эң көп сөз кылган маселе болду:

-Өлкө ичинде көбүнчө экономикалык абал талкууланды. Бийликтер мактанып, улуттук дүң өндүрүш 12,5%га өстү, инфляция 6%ды түздү деп айтып жатышат. Бул чындыкка такыр эле туура келбейт. Башкача айтканда эл менен бийликтин сөзү дал келбейт, инфляция кеминде 100%га жеткенин калктын баары билет. Өзбекстан гүлдөп жатса, эмне үчүн калк нан издеп, сыртка кетип жатат. Расмий бийлтин ырастоосунда, өзбекстандык эмгек мигранттарынын жалпы саны 5,5 миллион. Биздин эсебибизде мындан кыйла көп, анткени бийлик чек арадан мыйзамдуу өткөндөрдү гана эсепке алып жатат.

Ал эми саясий турмушта Өзбекстан аяктаган жылды президент Ислам Каримовдун мамлекет башчысынын кызматына дагы бир жети жылдык мөөнөткө расмий киришүүсүнөн баштаган эле. 2008-жылдын 16-январында, ант берүү аземинде тышкы саясаттын маселелерине кайрылып, Каримов мындай деген:

- Бүгүн эч кимге жашыруун эмес, Өзбекстан менен АКШ, Европа өлкөлөрү ортосунда уланып жаткан өз ара түшүнбөөчүлүктөр боюнча жоромол жасагандар, эгер ачыгын айтсак, ушундай алакалардын сакталышын, андан пайда табууну көздөгөндөр бар экени сезиш, байкаш кыйын эмес. Буга эмне дейбиз. Өзбекстан алыс-жакын коңшуларынын баары, анын ичинде Америка Кошмо Штаттары, Европа менен өз ара пайдалуу, өз ара урмат-сыйга негизделген карым-катнашты улантууну жактайт жана бул жолдон биз эч убакта кайтпайбыз. Эмне дейсиздер...

Президент Ислам Каримов жыл башындагы бул сөзүндө эскерген АКШ жана Еврошаркет менен аяктаган жыл ичи расмий Ташкенттин алакасы бир аз жылым тарткандай болду. Тараптардын мамилеси 2005-жылдын май айында Анжияндагы орун алган кан төгүүдөн кийин, АКШ менен Еврошаркет бул үчүн өзбек бийликтерин айыптап, окуя боюнча көз карандысыз иликтөөнү жүргүзүүнү талап кылгандан соң бузулган эле. Ал эми аяктаган жыл ичи Еврошаркет ошол Андижан окуяларынан кийин киргизилген санкциялардын айрымдарын жойду. Муну утурлай Өзбекстан да абактан адам укугун коргоочулардын тобун, анын ичинде Анжиян окуясынан кийин камалган таанымал укук коргоочу Мутабар Тожибаеваны бошотту.

Еврошакетте аяктаган жылдын экинчи жарымында төрагалык кылган Франциянын тышкы иштер министри Бернард Кушнер 2008-жылдын 13-октябрында Европанын тышкы саясий мекеме жетекчилеринин Өзбекстандын жогорку даражалуу сегиз расмий өкүлүнүн шаркетке каттоосуна салынган тыюуну жойгон жыйынынан кийин буларды айткан эле:

- Биз акыркы айларда орун алган оң өнүгүүлөрдү белгиледик. Биз ошолор үчүн дем бергибиз келет. Андыктан биз курал эмбаргосун алып салбастан, жеке санкцияларды гана жойдук. Бирок али көп нерсе жасалуусу керек.

Кыргызстандык саясат таануучу Орозбек Молдалиев Өзбестандын тышкы саясатындагы бул жылкы бурулушту мындайча чечмелейт:

- Ар бир мамлекет өзүнүн улуттук кызыкчылыгына карап, тышкы саясатынын багытын акырындык менен өзгөртө берет. Улуттун кызыкчылыгына жараша приоритеттерин өзгөртүп, карап турат. Орусияга Ислам Каримов үмүт арткан нерселер аткарылган жок. "Газпром" Өзбекстанга берген убадаларын аткарган жок, инвестиция келген жок. Европа мамилесин жумшартып, изоляция режимин жеңилдете баштагандан кийин анан Еврошаркеттин Борбор Азия боюнча стратегиясына Өзбектан да кирип, ал жерде реалдуу каражаттар каралып жаткандан кийин Өзбекстанга да тышкы саясатын өзгөрткөнгө туура келди. Болбосо (Еврошаркет) баштагыдай катуу бойдон калганда, Өзбекстан Орусиянын алкагында туруп турмак.

Ал эми ташкенттик саясат тануучу Ташпулат Юлдашев биз менен маегинде белгилегендей, ал аяктаган жылы Өзбекстан менен Батыштын мамилеси оңолду деген ырастоолорго кошула албайт:

-Мен минтип айтпас элем. Бир да өкмөт, анын ичинде Еврошаркет да өзбек өкмөтүнө ишенбейт. Ооба Еврошаркет өз стратегиясына ылайык, кандайдыр бир көпүрө түзүп, байланыштарды кармоого аракеттенүүдө. Бирок бул Өзбекстан толугу менен багытын Батышка буруп, Батыш бул чакырыкты кабыл алды дегенди туюндурбайт. Батыш этияттык менен аракеттенүүдө. Анткени Батыштын негизги талаптарын Өзбекстан аткарган жок. Батыш өлкөлөрү Өзбекстан аны аткарбосун да жакшы билет. Ал талаптар Өзбекстанда демократиялык жараяндарды өнүктүрүү, адам укуктарын камсыз кылуу, анан албетте сөз эркиндиги, журналистерди, адам укугун коргоочуларды куугунтуктону токтотуу ж.б. талаптар. Алардын эң башкысы Анжиян окуясына эл аралык иликтөө жүргүзүү. Бул шарттар Өзбекстан тараптан аткарылган жок.

Анжиян окуясы боюнча эл аралык иликтөө жүргүзүү демекчи, бул маселе андан бери үч жарым жыл өтсө да 2008-жылдын да күн тартибинен кеткен жок.

Башкача айтканда, жыл соңунда же 11-декабрда Өзбекстандагы адам укуктарынын абалы Женевада, БУУнун Адам укуктары боюнча кеңешинин жалпы Жалпы мезгилдүү байкоо деген сессиясынын алкагында каралды. Жалпы мезгилдүү байкоо БУУнун адам укуктары кеңешинин жаңы механизми. Ушуну менен үчүнчү гана сессиясын өткөргөн. Өзбекстандык укук коргоочу, Францияда катталган уюм- Борбор Азиядагы адам укуктары ассоциациясынын жетекчиси Надежда Атаеванын пикиринде, Женевадагы жыйындын соңунан кабыл алынган жыйынтыктоочу документтин өзбек бийликтерине берилген бир катар сунуштарынын арасында 2005-жылкы Анжиян окуясы боюнча көз карандысыз иликтөө сунушу да болду жана бул өтө маанилүү:

-Укук коргоочу катары жеке мен үчүн Өзбекстандагы адам укуктарынын сакталышына баа берген өлкөлөр бул маселеге артыкчылык жасаганы жана аны талкуудан кийинки сунуштарга алып чыкканы өтө маанилүү. Өзбек бийликтерине БУУнун Адам укуктары боюнча жогорку комиссарынын Анжиянда 2005-жылдын майында орун алган окуялар боюнча эл аралык көз карандысыз иликтөө жүргүзүү жөнүндөгү сунушун аткаруу сунуш кылынды. Мындай сунушту аткаруу эч убакта кеч эмес. Биз бул трагедияны, анын себептери менен натыйжасын иликтенмейинче, ушундай тргедия, балким андан да коркунучтуусу кайталануусу мүмкүн экенин түшүнүүбүз зарыл.

Бирок өзбек бийликтери жогорудагыдай чакырыктарды келечекте да орундачыдай эмес. Өлкөнүн Башкы прокуророунун орун басары Алишер Шарафидинов декабрда Женевадагы жыйында буларды айткан эле:

-Өкмөт проблема тынч, сүйлөшүү жолу менен чечилүүсү үчүн мүмкүн болгондун баарын колдонгон. Тартип коргоо органдары тарабынан күч колдонушуна террорчулар шыкакчы болгон, куралдуу террорчуларды зордук-зомбулукчул аракетине жооп чара катары жасалган. Күч өтө эле ашыкча колдонулган деген ырастоолордун негизи жок. Бул тергөөдө жана кылмыш иши сотто каралганда ырасталган. Анжиян окуясы боюнча эл аралык көз карандысыз делген иликтөө кабыл алынгыс экендиги боюнча Өзбекстандын принципалдуу туруму бекем жана өзгөрүүсүз бойдон калууда. Анын үстүнө эл аралык укуктук нормалардын биринде да эл аралык иликтөө жүргүзүү милдеттемеси жок.

2008-жылдан тарта Өзбекстанда өлүм жазасы жоюлду жана адамды камоого санкция берүү укугу прокуратурадан сотко өттү. Расмий Ташкент мындан эки жыл ашуун мурда кабыл алган чечим 2008-жылдын 1-январынан тарта күчүнө кирди. Ошентип Өзбекстан аяктаган жылы Борбор Азиянын өлүм жазасынан расмий түрдө баш тарткан акыркы өлкөсү болуп калды. Бул жылы Өзбекстанда адам укуктары жаатында жылыштар болдубу, абактан укук коргоочулардын чыгарылышы ушундай тыянак жасоого мүмүкүндүк береби? Биз бул суроону кайра эле укук коргоочу Надежда Атаевага жолдодук:

-Эгер чынында, кырдаалга акыл-эстүүлүк менен карасак, биз Өзбекстандын өкмөтү үчүн саясий качкындар, саясий айыпкерлер алар өлкөгө инвестиция алып келүүгө, өлкө үчүн жагымдуу имидж түзүүдө алмаштырууга аракеттенген товар экенин байкайбыз. Андыктан мен бүгүн өлкөнүн ичинде биздин кесиптештер, сыртта биз жүргүзүп жаткан иш калктын абалына оң таасирин тийгизип жатат деп айта албайм. Иш жүзүндө адам укуктарын массалык түрдө бузуу сакталууда, кээ бир учурларда курчуп да жатат. Менимче, өлкөнүн ичинде сөз эркиндиги жок кезде, укук коргоочулар коомдук көзөмөлдү ачык жүргүзө албаган кезде, бирок бул тууралуу альтернативалуу маалымат кызматтарда ачык айткандардын баарына кысым көргөзүлүп жаткан кезде, кырдаалга оң баа берүү азырынча эртелик кылат.

Аяктаган жыл ичи Өзбекстан Батыш менен мамилесин оңдоо мүдөөсүндө айрым укук коргоочуларды, активисттерди абактан чыгарганы менен кайра бир нечесин түрмөгө салды. Алардын белгилүүлөрү: журналист Салижон Абдурахманов он жылга түрмөгө кесилди, ушундай эле жаза мөөнөтүн Каракалпакстандан укук коргоочу Азам Тургунов да алды.

Түркмөнстан: тышкы саясатта өзгөрүү, ички саясат менен адам укуктарында жылыш аз

Бул өлкөнүн негизги саясий окуясы жыл соңуна туура келди. 14-декабрда өлкөдө парламенттик шайлоо өттү, анын алдында сентябрда өлкө жаңы Конституциясын кабыл алган. Муну менен Түркмөнстан дүйнөгө мурдагы президент, маркум Сапармурад Ниязовдун мурастарынан арылып жаткандай түр көрсөттү. Жаңы Конституцяга ылайык өлкөдө Ниязовдун доорундагыдай "Халк маслахаты" өңдүү орган болбойт. Мамлекеттик атрибуттар да акырындык менен Ниязовдун эн тамгаларынан арылууда. Мамлекеттик гимнден аны эскерген сөздөр алынып салынды, өлкөдө салттуу календар калыбына келтирилди. "Азаттыкттын" Борбор Азия боюнча аналитиги Брюс Панниер аяктаган жыл ичи Түркмөнстанда орун алган жараяндарды төмөнкүчө баалайт:

-Биринчи бөлүк - Түркмөнстандын тышкы саясатына келгенде, биз түркмөн өкмөтү Ниязовдун тышкы саясатынын элементтерин өзгөртүү, алардан арылуу боюнча колгондон келгенин жасады деп айта алабыз. Түркмөнстан азыр дүйнө үчүн жете аларлык, алар менен иштешүүгө болот. Ал эми ички өзгөрүүлөргө, ички саясатка келгенде, алар Конституциясын өзгөртүштү, бирок шайлоо мурдагылардан кыйла айрымаланды деп айтуу мүмкүн эмес. Андыктан менен тышкы саясатта көп реформа болду, бирок ички саясатта анчалык өзгөрүү орун алган жок деп айтаар элем.

Тышкы саясат демекчи 2008-жылы расмий Ашхабад Каспий боюнча коңшусу – Азербайжан менен мамилесин оңдоду. Президент Гурбангулу Бердымухаммедовдун май айында Азербайжанга жасаган сапары тырыхый визит катары бааланды. Бул түркмөн мамлекет башчысынын Азербайжанга 12 жылдан соң биринчи ирээт барышы болду. Мунун алдында март айында Ашхабадга азери элчиси кайтып келди. Жыл ичи АКШ-Түркмөнстан алакалары да жакшыргансыды. АКШ президентти Жорж Буш түркмөн президенти Гурбангулы Бердымухаммедов менен апрель айынын башында НАТОнун Бухаресттеги саммитинде жекеме-жеке жолугушуу өткөрдү. Мамлекетик катчынын Борбор жана Түштүк Азия боюнча жардамчысы Ричард Баучер май айынын соңунда Ашхабадда болгон учурунда "Азаттык жана Эркин Европа" радиосунун түркөн кызматына берген интервьюсунда, эки өлкөнүн алакалары жакшырганын айткан:

-Менимче, алакалар жакшырды. Менимче, биз бул жерде түркмөн өкмөтү, Түркмөнстандын калкы менен иштөөнүн жаңы мүмкүнчүлүктөрүн таптык, экономикалык долбоорлордо, билим алууну кеңейтүүдө, адамдарга адам укуктарын өнүктүрүүдө, коомго толук кандуу катышуусуна жардам көргөзүүдө.

Ошондой эле жыл ичи Бердымухаммедов Батыш өлкөлөрүнө да иш сапары менен барып келди. Еврошаркет менен маселелердин кеңири чөйрөсү, анын ичинде адам укуктары да талкууланган сүйлөшүүлөрдү өткөрдү.

Ал эми аяктаган жыл ичи Түркмөнстандын адам укуктары жаатындагы бедели кантти? Жыл соңуна карата же декабрь айында Борбор Азиядан Өзбекстан менен катар Түркмөнстандагы адам укуктарынын абалы да Женевада, БУУнун Адам укуктары боюнча кеңешинин жалпы Жалпы мезгилдүү байкоо деген сессиясынын алкагында каралды. Жалпы мезгилдүү байкоо БУУнун адам укуктары кеңешинин жаңы механизми. "Адам укуктары боюнча түркмөн демилгеси" деген бейөкмөт уюмдун жетекчиси Фарид Тохбатулиндин айтымында, ал жердеги угуулардын соңунда айтылган 19 сунуштун 13үн түркмөн бийликтери карап көрүүгө макул болду:

-Түркмөнстандын делегациясы өлкөдө адам укуктары боюнча көйгөйлөр бар экенин моюнга алууга жана 13 маселени иликтөө үчүн эске алууга аргасыз болушту. Бул бийликтер өлкөдө адам укуктары боюнча көйгөйлөр такыр эле жок деп билдиришкени менен өлкөдө андай көйгөйлөр бар жана олутуу экенин айтып турат. Бул - эл аралык коомчулукта берилген баанын бири. Экиничиси – Чек арасыз кабарчылар уюмунун баасы. Алар аяктаган жылы Түркмөнстанды сөз эркиндиги жагынан дүйнөлүк рейтингде кайра эле акырынан үчүнчү орунга жайгаштырышты. Бул сөз эркиндиги такыр эле жок дегенди билдирет. Мындан сырткары Эл аралык мунапыс, Хьюман Райтс Уочт уюмунун, түркмөн бийликтеринин көз карашында, өтө негативдүү отчеттору болду. Аларда Түркмөнстанда адам укуктарын бузуу баардык багытта уланып жатканы, оң өзгөрүштөр иш жүзүндө жок экени ачык айтылган. Эл аралык бул абройлуу уюмдардын отчетторуна макул болбой коюу кыйын.

БУУнун адам укуктары боюнча кеңешинде жыл соңунда өткөн талкуудан кийин Түркмөнстанга берилген сунуштардын арасында эркин маалымат каражаттарынын жаралышы үчүн зарыл чараларды көрүү, журналисттерди куугунтуктоону токтотуу, адам укугун коргоочулардын, оппозициячыл партиялардын эркин иштөөсүнө, абак жайларына Эл аралык Кызыл чырым уюмунун өкүлдөрү кирүүсүнө уруксат берүү өңдүү маселелер бар.

Фейруз Нишанова: Кыргызстанда жаш муунду улуттук музыкага үйрөтсөк

АКМИКАнын директору Фейруз Нишанова

Борбор Азия боюнча 4 жарым миң элдик шайырларды жана жаш шыгырчы, аспапчыларды даярдап жаткан Ага Хандын Борбор Азиядагы Музыкалык Демилгеси же АКМИКА Казакстандын билим берүү системасына киргизилген бардык балдарга тегиз музыкалык таалим берүүнү көздөп жатат.

АКМИКАнын директору Фейруз Нишанова жакында эле Кыргызстанда өзбек, тажик, кыргыз музыканттарынын чыгармаларын жаздыртып келген. Ал жетектеген Ага Хандын борборазиялык музыкалык демилгеси Кыргызстандан Теңир-тоо тобун, Нурак Абдрахманов өңдөнгөн таанымал ырчыларды чет элдик гастролдорго алып чыгып жүрөт. Болгондо да Батыштын мен-мен деген атактуу ырчылары да оңой менен чыга албаган сахналарга алып чыгат.


-Бул ирет Париждин белгилүү шаардык театрында Борбор Азиялык ырчы кыздарды, анын ичинде Кыргызстандан Теңир тоонун комузчусу Гүлбар Байкашкаева жана жаш кыл-кыякчы Залина Касымова концерт коюшту. Эмне үчүн жалаң кыздар?

- Бул өтө маанилүү тема, бүгүн эле эмес, ар дайым маанилүү болгон. Азыр айрыкча Батышта бул маселе кабыргасынан турат. Батышта чыгыш аялдары, мусулман аялдар тууралуу түшүнүктөрү өтө чектелүү, ал эми Борбор Азиялык кыз-келиндер тууралуу такыр эле түшүнүгү жок, же таптакыр тескери ойдо жүрүшөт. Менимче, бүгүнкү концерт сыяктуу программалар мына ушул стереотиптерди жоюуга көмөк болот.

Бул аялдар сахнанын гана эмес, жашоонун да чок ортосунда турушат. Аларды сыйлашат, алар башка эч ким кыла албаган иштерди аткарышат. Бир эле мезгилде бул концерттер аймактагы аялдардын өтө жогорку деңдээлдеги музыкалык байлыгын көрсөтүүгө мүмкүндүк берет. Алар эркектердин жанрларын толугу менен өздөштүрүп гана тим болбостон, кайсы бир деңгээлде алардан да ашып түшүп, бул музыканы таптакыр бөлөк баскычка чыгарышты.

Бул тууралуу көптөр биле бербейт. Ошондуктан мындай музыканы ушундай кең-кесири, жогорку деңгээлде элге көрсөтүү, бир эле мезгилде көчмөн элдер менен отурукташкан улуттардын аялдарын таанытуу, ал маданияттардын бир-бирин толуктаган байлыгын көрсөтүү мүмкүнчүлүгүн биз колдон чыгаргыбыз келген жок.

- Бүгүн Парижде сахнада ойной турган ырчы кыздардын айрымдары силердин уюм чыгарып жаткан Борбор Азиянын музыкалык антологиясына киргенин билем. Ал антология 10 бөлүмдөн туруп, азырга чейин алтоо чыкты. Мындан аркы пландарыңар кандай?

- Бул антологияда эң мыкты музыка бар! Бул ишти биз АКШнын улуттук музеи болгон Смитсонианс институту менен 2002-жылы баштаганбыз. Ал жылы Вашингтондо өткөн "Жибек жол" фестивалындагы кызматташтык ушунчалык кызыктуу болгондуктан, биз Борбор Азиянын дүйнөдөгү алгачкы антологиясын түзөлү деп чечкенбиз. Антология музыкалык компакт дисктен, документалдуу тасмадан жана китепчеден турат. Китепчеде исскуствонун тигил же бул турү тууралуу гана баяндалбастан, ар бир аткаруучусунун өмүр баяны да бар. Чынында да сиз айтып жаткан ырчы кыздар биздин төртүнчү томдо.

Бул диск баштан аяк Борбор Азиялык аялдардын исскуствосуна арналат. Алты диск чыгардык, алар элге алынып кеткендиги биз үчүн да күтүлбөгөн окуя болду. Азыр биз дагы үч томдун үстүнөн иштеп жатабыз. Убакыт өткөн сайын антологиясынын концепциясында айрым өзгөрүүлөр болуп жатат. Эң башында биз классикалык салттуу өнөрдү көргөзгөнбүз. Мисалы, көптөр биле бербеген кыргыз ыр-күүлөрүн, тажиктердеги шаш-макамды, Азербайжандагы мугамды, хоженттик аял-ырчылардын чыгармаларын алып чыктык.

Азыр болсо биз менен алты жылдан бери иштешип келаткан таланты таңшыган ырчылар, алардын шакирттери өз искусствосун гана өздөштүрбөстөн, Батыштагы музыканттарга тең ата боло ала тургандай деңгээлге жетип калышты. Биз бир топ жылдан бери Борбор Азиядагы музыканттарга алыстан келген, эл билбеген ырчы-шайырлар деп үстүрт карабастан, аларды сахнада өздөрүнө тең кабыл ала турган музыканттарды издеп келдик. Акыры биз бүт дүйнөгө таанымал, атактуу Грэмми сыйлыгына сансыз жолу көрөтүлгөн жана ал сыйлыкты көп жолу алган, ар кыл өлкөлөрдөн кесиптештери менен тең ата ойногон шериктерди таптык.

- Буга чейин силер кытайлык атактуу веоленчелист Йо-Йо Ма менен ушундай долбоорлорду даярдадыңар эле го?

- Йо-Йо Ма менен музыка Борбор Азиядан таасир алганы менен, дал ошол Батыш угармандарына арналган болчу. Ал убакта диалог жок эле. Азыр эми батыш жана борбор азиялык музыканттар биригип, бир мезгилде жаңы композицияларды чыгарып жатышат. Батышта Кронус деген топ бар. Алар менен биз эки программа даярдадык. Бирөө азербайжандык Алим Касимов жана анын ансамбли менен. Алим Касимов чыгарган чыгармалар менен быйыл Лондондогу Барбикан борборунда сезон башталды. Программаны угармандардын өтө жакшы кабыл алганы бизди кубандырды. Экинчи программабыз "Кронус жана ооган музыкасы" деп аталат. Анда оогандык белдүү композитор Хумаян Сахи чыгарган бир нече чыгарманы Кронус дүйнө боюнча аткарып жүрөт.

- Сахи учурда Кошмо Штаттарында жашайт эмеспи. Ал эми Ооганстанда талибдер күчөдү. АКМИКАнын Ооганстанда да мектептери бар, алар кантип атат?

- Биз музыкалык өнөр жаатында бул демилгени баштаганда программабыз бир нече багытта кеткен. Башкысы - мектептерди, устаттарды таап, Кыргызстанда, Казакстанда, Ооганстанда балдарды окутууга шарт түзүү эле. Биз аларга эң жөнөкөй административдик жана каржылык шарттарды түзүп берели дегенбиз. Ошондо алар өз өнөрүн жаш муундарга үйрөтүү менен гана чектелбестен, кийинки угармандарга да өз өнөрүн жеткирсе дегенбиз. Анткени угармандар өздөрүнүн улуттук музыкалык мурасын билбей баратат.

Борбор Азияда мугалимдерди таап, аспап жасаган усталарды ишке алдык, имаратты ижарага алып, кадимкидей иштеп жатабыз. Ал эми Ооганстанда устат табыш кыйын. Талибдердин бийлиги тушунда музыкага таптакыр тыюу салышканын билесиз, аспаптарды талкалап, музыканттар коңшулаш Пакистандын Пешавар, Квета шаарларына же таптакыр башка жактарга качкан, же түрмөгө түшүп, болбосо кесибин алмаштырып, башка иштер менен алектенип калган.

Ошондуктан биз Кабулда биринчи мектепти ачканыбызда, мугалим, окуучуларды таптык, бирок аспаптарды, аспап жасагандарды табыш мүмкүн эмес эле. Кээде биз мындай аспаптарды Лондондо ооган эмигранттары жашаган оодандарынан сатып алчубуз. Анткени ал жакта усталар өз кесибин үзгүлтүксүз улантып келишкен. Биз алардан аспап алып, Кабулга жөнөтчүбүз. Азыр албетте көп нерсе өзгөрдү. Азыр Кабулда мыкты жабдылган устаканабыз бар, анда усталар иштейт. Азыр биздин мектеп Кабулда гана эмес, Гератта да иштеп жатат.

Бирок албетте кыйынчылыктар кала берүүдө. Анткени тескери түшүнүктөр жоюла элек. Мисалы кыздарды ата-энелери музыка үйрөнгөнгө оңой менен жибербейт. Бул өтө өкүнүчтүү, анткени Ооганстанда кылымдардан бери дал ушул аялдардын музыкалык өнөрү өтө өнүккөн болгон. Париждеги биздин концертте көрөөрсүз, Өзбекстандан, Кыргызстан, Түркмөнстан, Казакстандан шайыр кыздар келди. Ал эми Ооганстандан эч ким жок, себеби биздин мектептерде аз гана санда кыздар окуйт. Албетте биз бул жааттагы аракетибизди уланта беребиз. Негизгиси бизде аз да болсо кыздар бар, аларды ата-энелери өздөрү макул болуп жиберишкен. Бул өтө кубанычтуу.

- Борбор Азияда силердин уюм жергиликтүү элдердин музыкалык чыгармачылыгын колдогон саналуу фонддордун бири болуп саналат. Ушуга байланыштуу силер колдогон Теңир-тоо тобунун комузчусу Гүлбара Байкашкаева мага жакында "мындан 10 жыл мурда эле мындай өнөр жакын арада жок болот дешчү, бүгүн ал тескерисинче кайра жаралып, элдик өнөргө жаштар арасында кызыгууу күчтүү болуп жатат, мындай өзгөрүүдө АКМИКАнын салымы зор" деп айтты. Ушуга байланыштуу силерде канча мектеп бар, канча окуучу бар? Жалпысынан айта кетсеңиз.

- Биз Борбор Азияда жаңы гана ишибизди баштаганда, баарынан да элдик кесипкөй ырчы-шайырларга болгон урмат-сый өтө төмөн экендигине күбө болгонбуз. Комузда ойноп, кыл кыяк тарткандарды көпчүлүк көңүл бурбайт, алар үй-бүлөсүн багууга жете тургандай айлык алышпайт. Ушундан улам ата-энелер балдарын бизге берсекпи-бербесекпи деп күмөн санашчу. Биз жергиликтүү шайырлар менен таанышканда, алар өтө жогорку, эл аралык деңгээлдеги кесип ээлери экендигин түшүндүк.

Колдо бар алтындын баркы жок демекчи, көп учурда чет өлкөдө таанылгандарга гана өз мекенинде урмат-сый көбөйөт экен. Алардын кирешеси да жогору болот. Ошондуктан биз музыканттарга Батышка жол ачууну максат кылдык, алар кетип калсын деп эмес, Батышта өз өнөрүн эң жогорку деңгээлде көрсөтсүн дедик. Аларда мурда мындай деңгээлге чыгууга мүмкүнчүлүгү жок болчу. Биз мындан беш жыл мурда дал ушундан, алардын концерттерин чет өлкөлөрдө уюштуруудан баштаганбыз.

Бул жеңил болгон жок. Борбор Азиянын музыкасын мурда муну менен алектенбеген театрларда көрсөтүш керек эле. Биз атактуу опера театрларын, мюзик-холлдорду тандап, зор оюндарды койгон театрларды таптык. Аларды бизди кабыл алгыла деп көндүрүш керек болду. Анан бул музыканы Батышта эл түшүнгүдөй кылып көрсөтүү зарыл эле. Ал үчүн ырларды которуп, операдагыдай, ырдын ар бир сабын субтитр менен жаздык. Сахнанын төрүнө чоң экран орнотуп, музыканттардын мекениндеги күнүмдүк турмуштан тасма көрсөттүк.

- Башкача айтканда, бул жөнөкөй концерт эмес, өзүнчө эле мультимедиалдык долбоор турбайбы?

- Ооба, мындай оюн-зоок менен биз элди кызыктырдык. Бул концерттер тез эле оозго алынып кетти. Маалымат каражаттарында кеңири маалымат болот, артисттер гастролдордон бир топ эле акча таап кайтышат. Айтор ушулардан улам, ата-энелер эшик кагып, балдарын эрчитип келе башташты. Ошондуктан бизде окуучулардын саны улам өсүп жатат. Азыр Борбор Азия боюнча, устаттар 4 жарым миң шакиртти окутуп жатат.

Бизде окутуу эки деңгээлде жүрөт. Биринчиси бул аткаруучуларды тарбиялоо. Бул жаңы муун өз устаттарынын ордун басат. Экинчи деңгээл – бул угармандарды даярдоо. Ооба, өзүңөр билгендей, Борбор Азияда интернет байланышы өөрчүп жатат, аймак дүйнөлүк маалымат агымына кошулуп калды. Ушундан улам батыштык поп музыка улуттук классикалык элдик музыкага конкуренция түзүүдө.

Эстрадалык музыканы табыш, угуш оңой, аны компютерге же флэш-дискке көчүрүп алып угушат. Ошондуктан, угарманды тарбиялоо сөзсүз керек. Казакстандагы биздин программа дал ушуга басым жасайт. Азыр ал жакта 3 миңдей окуучубуз бар. Биздин мугалимдер башталгыч мектептерге барып, балдарды шыктуу, шыксыз деп бөлбөстөн, баардыгына колуна домбра карматып, күү ойногонду үйрөтүшөт, күүлөрдүн тарыхын, сырларын жатык тил менен түшүндүрүшөт.

Бул программа азыр Казакстандын Билим берүү жана маданият министрлиги тарабынан кабыл алынды, башкача айтканда ал бүт өлкөдө колдонулат. Кыргызстанда биз аткаруучулардан баштадык, аткаруучулардын эки муунунун тарбияладык. Мындан ары эми бүт өлкөнүн деңгээлинде башталгыч класстардагы музыкалык билим берүүгө анча-мынча өзгөртүү киргизсекпи деп жатабыз. Бул үчүн балдарды элдик классикалык музыкага үйрөтүү боюнча эң жөнөкөй, бирок сапаттуу усулдарды ишке киргизиш керек.

Кыргызстан экономикасы: 11 айдын жыйынтыгы

11 айдын ичинде Кыргызстанда ички дүң продукт көлөмү 7,6% өстү. Анткен менен эмдиги жылы өлкөнү кандай жагдай күтүп жатканын боолгош кыйын.

Кыргызстандын экономикалык өнүгүү жана соода министри Акылбек Жапаровдун айтуусунда, инфляциянын кескин көтөрүлбөй, бир калыпта кармалып турушуна өкмөт менен Улуттук банктын жай ортосунан тарта биргелешип жүргүзүп келаткан акча-кредит саясаты өбөлгө түздү.

- Биздин ички дүң продктубузга караганда соода-сатык жүргүзүүбүздүн көлөмү көбөйдү. Анын ичинде экспорт 28,5% көбөйдү. Муну биздин журналисттер менен сынчыларыбыз көп жакшы айтпай жатышат. Экспортко эле биз быйыл 1 миллиард 700 миллион доллардан ашык товар чыгарып жатабыз,- деп билдирди министр маалымат жыйынында.

А.Жапаров жыл аягына чейин импорт көлөмү 47% жетиши мүмкүн экендигин айтты. Акчага которгондо бул Кыргызстанга 4 миллиард 100 миллион долларлык товар ташылып келет дегенди түшүндүрөт. Антип ташылып келинип жаткан буюмдардын тең жарымы заманбап технологиядагы жабдуулар экенин А.Жапаров атайын белгиледи. Мындан бир ай мурда Акылбек Жапаров Кытайдын соода министринин билдирүүсүнө таянып, ал жактан Кыргызстанга 6 миллиард долларлык буюм жөнөтүлгөнүн, бирок өкмөт оңор эмес ал буюмдардын чын эле Кыргызстанга өткөнүн такташтыра тургандыгын эскерткен.

11 айдын жыйынтыгы боюнча өнөржай тармагы “Кумтөр” алтын кенинин аркасы менен 15,2% өсүшкө жетишкен. “Кумтөр” алтын кенин алып койсо өнөржай өткөн жылдын ушул кезиндеги деңгээлине деле жете албай калды. Ушундай эле көрүнүш курулуш тармагында да байкалды.

Жыл башында белгиленген көрсөткүчтөрдү тейлөө тармагы гана камсыз кылды. Кыргызстан экономикасынын дурус дегидей көрсөткүчү ошентип “Кумтөр” алтын кени менен тейлөө тармагынын эсебинен жаралды.

Дүйнөлүк каржы кризисинин айынан мындан ары Кыргызстанга агылып келчү сырттагы эмгек мигранттарынын акчасы азайганы туру. Ички дүң продукттун 25% түзгөн андай ири акчанын сээлдеши калктын сатып алуу мүмкүндүгүн тарытып, Кыргызстан экономикасын алдыга сүрөп жаткан тейлөө тармагынын өнүгүшүн басаңдатышы турулуу иш. “Инвестициялык тегерек үстөл” долбоорунун жетекчиси Равкат Хасановдун ырасташынча, анткен менен калктын сатып алуу жөндөмү азырынча бийик бойдон калууда.

- Экономикада резерв пайда болду. Анын көлөмү аябай эле чоң. Эгер сандарга кайрыла турган болсок, азыр керектөө өндүрүштөн 20% жогору болууда. Башкача айтканда, завод миллион сомдук товар чыгарса, анын продукциясын алчулардын катары 20% арбын. Базар-нарк шартында бул өндүрүштүн өйдөлөшүнө алып келет. Мына ушул резерв азырынча бизге көмөк көрсөтүүдө.

Бирок да алдагыдай айырма дагы канчалык сакталарын так айтыш кыйын. Быйыл курулуш деми кыйла басаңдап, өткөн жылдын деңгээлине жете албай калышы эле Кыргызстанга каржы кризиси башбактап калганын көрсөтүүдө. Сырттан келип жаткан мигранттардын акчалары мындан ары кыйла азайып, бул өз кезегинде экономикалык өсүшкө терс таасирин тийгизерин “Акшумкар” партиясынын төрагасы Темир Сариев да ырастады. Анын пикиринде, инфляция деңгээли өтөле бийик бойдон калууда.

- Айлык, пенсия, жөлөкпул 30% өскөн жок. Анчалык өспөгөн соң бул бюджеттегилердин былтыркы иштеп аткан айлыгынан быйыл 30% аз алып калды деген сөз. Инфляция 28% болуп атпайбы. Расмий инфляция менен реалдуу инфляциянын ортосундагы айырма аябай эле жогору. Анткени инфляция 350 товарлардын тизмеси менен берилет. Ал эми расмий маалыматтарда инфляция, айрыкча айыл жериндеги инфляция 20 – 25 товар менен эле чектелет. Алардын баасы эки эсе өсүп кетпедиби.

Т.Сариев өнөржай өндүрүшүнүн өтөле төмөн түшүп кеткенин белгиледи. Ушу тапта чыгарган продукциясы өтпөй, Канттагы цемент-шифер комбинаты токтоп туру. Өкмөт анын продукциясын Орусиянын Сочи шаарындагы олимп оюндарынын курулушуна сатып-өткөрүүнүн амал-аргасын издөөдө.

Казанда болсо – чөмүчкө

Парламенттеги социал-демократиялык фракция 2009-жылдын бюджетин колдоодон баш тартты. Мyну алар эмдиги жыл бюджетинде башкаруу чөйрөсүндөгүлөргө арбын акча бөлүнүп калганы менен түшүндүрүшүүдө.

Ал жөнүндө «Азаттыктын» бүгүнкү талкуусунда кеп болот. Ага парламент депутаттары «Акжол» фракциясынын өкүлү Ажыбай Калмаматов менен социал-демократиялык фракция жетекчиси Бактыбек Бешимов ой бөлүшөт.

- Ажыбай мырза, бюджет кабыл алынып жаткан чакта парламенттеги социал-демократиялык фракциянын өкүлдөрү бул бюджет чиновниктер бюджети, мурда ал максатка 28% акча бөлүнсө бул ирет 38% көтөрүлүп кетти, деген кинесин коюшту. Сиздин пикириңиз кандай?

Ажыбай Калмаматов: - Эми бул жерде экономикалык жүйөөсүнө караганда саясий жүйөөсү көбүрөөк болуп кетти окшойт. Эки ай мурун бюджеттин чыгаша бөлүгү 47 миллиард сомду түзөрүн 2 ай мурун алдыбызга алып келип койгон. Киреше бөлүгү 44 миллиарддан ашуун. Бюджет таңкыстыгы 2 миллиард 800 миллион сом болуп жатат. Мурда 3,5% миллиард сом болчу. Ал эми мамлекеттик кызматтагыларга бөлүнгөн акча жалпы бюджеттин 28% эле түзөт. Бул былтыркыга караганда 0,8% азайганын билдирчү сан. Кыргыз айтат го, “казанда болсо чөмүчкө чыгат” деп. Чыгым бөлүгү 47 миллиард сом. Акча жетиштүү болсо аны аны башка жакка чачар жөнүбүз жок. Болгон акчаны социалдык тармакка беребиз. Бюджетибиздин аздыгы, тардыгы кендирди кесүүдө.

- Бактыбек мырза, сиз башкарган фракциянын бюджетти кабыл алууга каршы чыгышынын себеп-жөнүн айта кетесизби?

Бактыбек Бешимов: - Бюджет азыркы турушунда кабыл алынышы туура эмес деп чыктык. Биз мурунку үч жылдык бюджетти карап чыктык. Мурунку бюджеттер деле социалдык маселелерге бурулган бюджет болчу. 2009-жылы жалпы чиновниктерге эбегейсиз акча каралыптыр. Мурда 28% болсо кийинки жыл бюджетине 45% каралган. Эки эсе өсүп кеткен. Президенттик акимчиликке 45%, өкмөт аппаратына 35%, ал эми мамлекеттик күзөт кызматына 75% көп акча бөлүнүп жатпайбы. Мунун себеби жөпжөнөкөй, А.Атамбаев өкмөт башчы болуп турганда бюджет уурдагандарга чекит коюлган. Эч ким ага акча берип кой деп кийлигише алчу эмес. Биз жалаң эле сындап отуруп албай, бюджет кандай болушун көрсөттүк. Эң биринчи айыл чарба продукциясын кайра иштетүүгө каражат бөлүү, жакырчылыкты жоюу үчүн социалдык колдоого муктаж катмарга колдоо көрсөтүү.

- Ажыбай мырза, бюджет талкуусу экономикалык кризиске байланыштуу чоң талашка айланып кетти. Өкмөттүн кризистке каршы программасы жок, ошол себептүү бул бюджетти кийинчерээк кабыл алалы, деген сунуштар түштү.

Ажыбай Калмаматов: - Азык-түлүк коопсуздугу, дегеле экономикалык кыйын абалдан чыгуу жөнүндө өкмөт ушул жылдын август айларында эле аракет кыла баштаган. Материалдык резервге май айынан баштап эле кызыл данды жетиштүү камдоо иши башталган. Анан программа жок, деп эле бизди мектеп окуучусундай доскага такаганы туура эмес.

- Бактыбек мырза, парламенттик талкууда өкмөттүн кризиске каршы туруу боюнча программасы жоктугу сынга алынды. Өкмөт аны бюджет кабыл алынгандан кийин алып келерин айтууда, сиздин пикириңиз.

Бактыбек Бешимов: - Биздин бюджетти колдобогонубузга мына ушул жагдай да себеп болду. Экономика министрлиги алдыдагы үч жылга эсептелген стратегиялык программаны иштеп чыккан. Ал Жогорку Кеңеште бекитилиши керек. Бюджет кабыл алынганча өнүгүү стратегиясы каралган да жок. Бюджет менен стратегиядагы сандык көрсөткүчтөр, ички дүң продукт көлөмү, инфляция, бири-бирине туура келбей жатат. Стратегиянын негизинде кризиске каршы программаны иштеп чыкпай эле бюджетти алып келишти. Биз “акжолчуларды” чогулуп отуруп бир позицияга келип анан алып чыкпайсыңарбы, деп жатабыз. Стратегия өзүнчө, бюджет өзүнчө. Анан да азыркы бийликтеги “акжолчулар” бурч-бурчта отуруп алып эле ар кими өзүнчө бирдемелерди айтып олтурушат. Бул өкмөттүн башчысы ким? Ар ким ар нерсени айтып жатышат. Бюджетти пайдаланып, булар дагыле уурдап жатышат.

- Ажыбай мырза, бюджетте ички дүң продукттун өнүгүшү 6%, андан кийин азыраак төмөндөө менен белгиленери айтылыптыр. Ушуга сиз ишенесизби?

Ажыбай Калмаматов: - Мен реалдуу деп эле ойлойм. Жаңыдан өнүгүп келаткан өлкөлөргө бул мыйзамченемдүү эле көрүнүш. Экономикасы өнүккөн өлкөлөрдө 4- 5% өсүш өтө чоң деп эсептелет. Өнүгүү жолуна түшкөн өлкөлөр үчүн бул дурус көрсөткүч. 2003-жылы чыгаша 16 миллиард 200 миң сомго жеткен экен. 2004-жылы 18 миллиард 300 миллион экен. 4 жылдан кийин 47 миллиардга чыгышыбыздын өзү эле өсүш эмеспи. Бул шибегени ката албагандай эле ачык турган нерсе.

- Бактыбек мырза, мынабул сандык көрсөткүчтөр өтөле көтөрүңкү маанайда эмеспи?

Бактыбек Бешимов: - Мен бул сандарга ишенбейм. Ушул бюджеттин алдында фракциялардын кошмо жыйынында өкмөт башчы өзү келген, ал кышкы дарядыктын абалы боюнча маалымат берген. Мен анын алдында Өнөржай, энергетика министрлигине кат менен кайрылгам. Алар 1-октябрга Токтогул суу сактагычында суунун көлөмүн 12 миллиард кубометрге жеткирүү аракетин көрүп жатышканын билдиришкен. И.Чудинов болсо 2009-жылы Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 6 миллиард калат деп жатат. Биз Тажикстанга канча энергия сатабыз деп сурасак эч ким билбейт. Экономикалык жайдары сандар ириде адамдардын жашоосунда, чөнтөгүндө сезилиши керек.

- Ажыбай мырза, сиздин кесиптешиңиз Эрнест Акрамов мырза парламенттик талкууда бюджеттик акчалардын канчасы уурдаларын сурап, бирок тыңгылыктуу жооп ала албады.

Ажыбай Калмаматов: - Бул өзү дүйнөлүк практикада жолукчу нерсе. Анын канча пайызы уурдаларын так көрсөтүү кыйын. Ал иштер менен бизде Эсеп палатасы шугулданат. Менин угушумда, мисалы, бөлүнгөн акчанын 10% жакынын тендер болуп жатканда эле алып коюшат экен. Курулушта да өөнөлөрү айтылып келет. Менимче, анын өлчөмү 20-30% тегерегинде болуш керек.

- Бактыбек мырза, Э.Акрамов козгогон маселеге сиздин пикир.

Бактыбек Бешимов: - Э.Акрамов “Акжолдогу” чынчыл депутаттардын бири. Кантип жооп беришет. Ал киши бүт сандарды салыштырып отуруп, жанагындай жыйынтыкка келген. Бирөө да кызарган жок.

- Ажыбай мырза, бул ирет деле социалдык бюджет кабыл алынганы айтылды. Реалдуу секторго жетиштүү каражат бөлүндүбү?

Ажыбай Калмаматов: - 1992-жылдан бери бизде социалдык бюджет кабыл алынып келатат. Анын себеби деле белгилүү го. Бизде бул тармак начар өнүккөн. Каалайбызбы-каалабйбызбы, көңүл бөлүнүп келе жатат.

- Бактыбек мырза, сиздин пикириңиз.

Бактыбек Бешимов: - Азыркы түрүндө бул бюджет чиновниктердин бюджети, укук коргоо эмес, укук коргоо органдарынын бюджети.

- Мырзалар, убакты-саатыңарды бөлүп талкууга катышып бергениңиздер үчүн ырахмат!

Тажик динаятчысы Исламды туура окутууга чакырды

Тажик мектептери да жоолукчан сабакка келүүгө тыйуу салышты

Тажикстандагы белгилүү саясатчы жана динаятчы өлкөнүн билим берүү системасын сындап чыкты. Ал тажик мектептеринде ислам жана Мухаммад пайгамбар жөнүндө натуура маалымат таркатылып жатат дейт.

Хожи Акбар Туражонзода бул тууралуу Билим берүү министрине жолдогон ачык катында жана бир топ маалымат каражаттары менен болгон интервьюларында айтты. Анын оюнда, ислам боюнча дарстар үчүн жазылган китептерде авторлор кээде «адамды капа кылганчалык деңгээлде фактыларды бурмалап, натуура нерселерди жазышат».

Тажик парламентинде Жогорку палатанын мүчөсү Туражонзоданын айтканына караганда, ислам боюнча ал китептерде Мухаммад пайгамбар Алланын элчиси катары эмес, жөн гана жаңы динди түзүүчү катары көрсөтүлгөн. Ал эми Куранды болсо Мухаммад пайгамбардын өзүнүн гана ойлоп чыгарган китеби деп аташат.

Айрым китептерде, мисалы, 6-класстын окуучуларына чыгарылган «Орто кылымдын тарыхы» китебинде, Кудайдын айткандары пайгамбардын ойлору деп көрсөтүлүп, Исламдын негизги принциби бурмаланган дейт ал.

Китепте, мисалы, Исламдагы айрым маанилүү ойлор Мухаммад пайгамбар менен Меккедеги уруу башчылары ортосунда жетишилген саясий келишим катары көрсөтүлгөнү динаятчынын зээнин кейиткен башкы маселелерден болду.

«Азаттыктын» тажик редакциясынын суроолоруна жооп берип жатып, Туражонзода учурунда совет бийлиги да, толугу менен атеисттик мүнөзүнө карабай, баары бир тарыхый фактыларды бурмалаганга барган эмес, деди.

Тажикстандын Билим берүү министрлиги Туражонзоданын катына расмий жооп кайтара элек. Бирок министр Абдулла Рахмонов «Азаттыкка» билдиргенине караганда, алар айрым окуу куралдарын кайра жазып чыгууну пландаштырып жатышат. «Ошентсе да бул азырынча башкы максаттарыбызга кирбейт, анткени азыр мектептерди кандай болбосун китеп менен камсыздоонун өзү машакат», - деди ал.
Туражонзода - исламчыл оппозициянын мурдагы лидери


Ал эми Дин иштери боюнча мамлекеттик комитеттин мурдагы башчысы Саид Ахмадов динаятчы айткан сынга эч кошула албай тургандыгын, анктени ислам боюнча китептер баары арап тилиндеги диний материалдардан алынып, туура которулганын айтат. Ахмадов, тетирисинче, белгилүү динаятчыны мектеп окуучуларына маалыматты цензурадан өткөрүп берүүнү сунуштап жатат деп айыптады.

Туражонзода өзү исламчыл оппозициянын мурдагы лидери. Ал болсо окуучулар ислам тууралуу алып жаткан азыркы жалган маалымат алардын ойлорун такыр бурмалаганга багытталган дейт.

«Буйрук президенттин өзүнөн чыкпаса керек деп ойлойм. Мамлекеттин Билим берүү системасына жана идеология боюнча органдарына негизинен советтик мезгилде атеисттик маанайда тарбияланган адамдар тартылышкан, - дейт Туражонзода.

Ушул жуманын башында Душанбедеги Сино районунда мечитти расмий лицензиясы жок экен деп жабышкан. Бул мечит 1928-жылдан бери иштеп турган эле. СССРдин тушунда да аны жабышкан эмес. Акыркы эки жылда өлкөдө ондогон мечиттер жабылды. Душанбеде кеминде эки мечитти лицензиясы жок деп сүрдүрүп салышкан. Кээ бир мурдагы мечиттер азыр бассейнге, коомдук мончолорго айландырылды.

Ошол эле учурда хижаб кийинүүгө да мектептерде тыйуу салынды. Айрым аялдар жумушка жоолук салынып келсе, кызматтан кетиребиз деп коркутушкан.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG