Линктер

жекшемби, 21-июль, 2019 Бишкек убактысы 02:20

Борбор Азия

Опуртал Ооганстандагы памирлик кыргыздар көйгөйү

Ооганстан, АКШ аскерлери, Кунар вилайети

Ооганстан проблемасы Лондондогу чоң жыйында талкууланды. Эми андай чогулуш Ооганстандын өзүндө да чакырылмакчы.

Тынымсыз уруштардан тажаган өлкөгө кантип тынчтык орнотуунун амал-аргасы ушу тапта жаамы дүйнөнү ойлонтууда. Улуу Памир тоолорунун арасында күн кечирген оогандык кыргыздардын оор абалы чалкеш заманда баам сыртында калууда. “Азаттыктын” бүгүнкү “бетме-бет” талкуусунда мына ушул маселелер козголмокчу. Ага саясат таануучулар Орозбек Молдалиев менен Талант Разаков катышты. Кеп кезеги Бекташ Шамшиевде.

Ооганстандан чыкчу он жолдун алтоо

- Эларалык аскер күчтөрү турганына карабастан, Ооганстандагы абал кийинки кездери кыйла эле курчуп кетти. Аны талкуулоо үчүн жетимиштей өлкөнүн өкүлдөрү Лондондо чогулуп, чоң жыйын курушту. Ооганстанда бейпил турмуш орнотуу, баңгизат менен жанкечтиликтин очогуна айланган өлкөнү тынч жашоого өткөрүү маселеси коалицияга кирген өлкөлөрдү өзгөчө ойлонтууда. Орозбек мырза, ооган проблемасын жөндөөнүн кандай амал-аргалары бар?

Орозбек Молдалиев:
- Биз сабак алчу кризис мына ушул ооган проблемасы болууда. Мындай кризистерден сак болушубуз керек. Улуттар уюмунун мамлекет боло албай жаткан өлкөлөрдүн башында мына ушул Ооганстан турат. Мамлекетин башкара албай, кризисти жойгонго күчү жетпей жатат. “Кансыз согуштан” кийин сырткы күчтөрдүн таасирисиз мындай кагылышуулар болбой калган. Ошон үчүн бул динге, баалуулуктарга байланыштуу конфликтти чечүү өтө татаал. Анан бул конфликтти тажик жарандык урушуна салыштырбаш керек. Айрым окшоштуктары болгону менен айырмачылыктары өтө көп. Тажиктердин жарандык урушунда диндин таасири азыраак болгон. Бул кландардын бийлик үчүн күрөшү эле. Ооганстандагы конфликт бул бийлик үчүн да күрөш, диний да күрөш, экстремисттер менен салттуу исламчылар ортосундагы күрөш болууда. Бул жерде дүйнөлүк, регионалдык кызыкчылыктар көп болуп, сырткы күчтөрдү таасири күчтүү чыгууда. Ошондон муну чечүү кыйынга турууда. Тажик конфликти Орусия менен Ирандын бир бүтүмгө келүүсүнөн кийин чечилген. Ооганстанга таасир көрсөткөн сырткы күчтөр макулдашууга келмейинче ооган проблемасы чечилбейт. Ички күчтөрдүн алы жетпей жатканы ал маселенин бир эле жагы. Мына талибдерди ким куралдандырып жатат? Алар жылдан-жылга, күндөн-күнгө күчөп баратат. 2001-2002-жылкы талибан менен 2009-2010-жылкы талибдерди салыштырып болбойт. Конфликт Пакистандын аймагына өтө баштады. Анын Борбордук Азияга өтүп кетиш да коркунучтары бар. Аны чечиштин жолдору бирөө эле. Тышкы күчтөрдү бир ниетке келтирмейин бул маселе чечилбейт.

- Талант мырза, сизге момундай суроо. Ооганстанда болдуңуз, анын бейпилдигине, тынчтык орношуна кызыккан күчтөрдүн эл арасында кадыры бар бекен? Бул жерде Орозбек мырза сырттан таасир көрсөткөн күчтөрдүн да аракети керек, деп кетти. Эмнеликтен бул маселенин чечилиши кыйынга турууда?

Талант Разаков:
- Бүгүнкү күндө ооган маселесин жөндөө боюнча даяр рецепти айтыш кыйын. Ооганстандагы жагдайга чоң таасир тийгизген күчтөр өлкөнүн ичинде деле көп. Орозбек мырза бул жерде талибандар кыймылы жөнүндө айтып кетти. Алардын таасири абдан күчтүү. Чет элдик аскерлердин Ооганстанга кириши ошону күчөткөнгө бир себеп болду. Ооганстан президенти Х.Карзайдын чет элдик коалиция күчтөрүн азырынча алып чыкпай туруу жөнүндөгү сөзүнүн төркүнү да ушуга байланыштуу. Жергиликтүү элдин пикирин билдик. Ал жерде болгонубузда талибдердин таасири абдан күчтүү экенине ынандык. Дин фактору да ага себепчи болуп жатат. Чет элдик аскерлер эмне алып келиши мүмкүн, алардан кандай жардам болот? Бирок ал жерде жардамга караганда жаман жагы көбүрөк айтылып жатат. Талибдердин эл арасындагы үгүт иштери абдан күчтүү экен. Бул жерде маселени ооган эли өзү чече алат. Дагы бир күч үчүнчү күчкө үмүт артып, ошого аракет кылып жатат. Эларалык жардам бүгүнкү күндө керек.

Опуртал жолдун тоому

- Орозбек мырза, Ооганстан проблемасы дегенде эле баңгизат ташуу маселеси чыгат. Мына жылдан-жылга апийим өстүрүү көбөйүп, баңгизаттар арбууда. Анын көбү Ооганстандан Борбор Азия аркылуу ташылууда. Кыйласы бул жерде калып жатат. Апийим ордуна будай эгүү чакырыгы айтылганы менен натыйжасы жакшы болбой жатат. Баңгизаттарды чыгаруу коалициялык күчтөр тушунда көбөйүп кетти. Мунун себеби эмнеге байланыштуу болду?

Орозбек Молдалиев: - Уламдан-улам көбөйүп бараткан баңгизаттары коалициялык күчтөр тушунда эле көбөйүп кетти деш туура эмес. Ансыз деле баңгизаттары көбөйүп жаткан, тек мезгил жагынан ал дал келип калды. Кээ бир мамлекеттер муну атайылап жасап жатышат. Коалициялык күчтөр тушунда апийим айдоо көбөйдү, ошондон ага суроо-талап арбыды деп жатышат. Бул чындыкка туура келбейт. Маселе башка жакта болуп жатат. Уюшкан кылмыштуу топтордун эларалык аренадагы аракети күчөп жатат. Дүйнөлүк сооданын 8% баңгизат соодасына туура келет. Бул жерде миллиарддаган акчалар жүгүртүлүүдө. 50 миллиарддан кем эмес киреше түшүп турат. Ошон үчүн ушунча акча менен жүргөндөргө тоскоолдук көрсөтүш үчүн өтөле кубаттуу күчтөр керек болуп жатат. Коррупцияланган мамлекеттер буга жол коюп жатышат. Бизде деле коррупцияланган күчтөр баңгизат менен колго түшкөнүн жакында ички иштер министри айтты. Коркунуч аябай эле чоң. Х.Карзайдын өкмөтүнүн буга каршы күрөшкө алы жетпейт. Эгер ал баңгизат соодасына уруш ача турган болсо талибдерден кубаттуу душманга ээ болот. Анткени миллиарддаган акча менен жалданма урушчуларды Ооганстанга алып келишсе талибан оюнчук болуп калат. Наркобизнес өтө чоң коркунуч экенин түшүнүшүбүз керек. Кыргызстан ага тоскоолдук кылыш үчүн ташылып жаткан баңгизаттардын анча-мынчасын жолдон кармап жатат. А бирок тонналап өтүп аткандары азырынча кармала элек. Баңгизат ташылчу жолдордун бири бизде. Бир жолу Иран аркылуу өтөт. Ал аябай каршылык көрсөтөт. Пакистан, Түркия аркылуу кетет. Деңиз аркылуу кетет. 6 маршруттун бирөө биз аркылуу өтөт. Бизден Орусияга, андан Европага, Батыштын башка өлкөлөрүнө барат. Батыш деле муну менен толук күрөшө албай жатат. Мурда биз аркылуу ташылып өтсө эми бизде да калып жатат. Героин баасы арзандап кетти. Ооганстан чек арасында 1 кило героиндин баасы 1000 доллар. Европада анын баасы 500 эсе көбөйөт. Канча пайда түшүп жатканын элестете бериңиз. Бизде 3 миң, 4 миң, 5 миң долларга чейин жетет. Орусияда 1 кило героиндин баасы 50 миң долларга чейин жетет. Орточо баасы да бул. Анан кармалгандар кимдер? Ошону менен аракеттенейин деген тажрыйбасы жок адамдар. Жолго салынган каналдары бар. Аны ачыш үчүн көп аракеттер керек. Кыргызстанда наркобарон жок. Тилекке каршы, Тажикстанда наркобарондор пайда боло баштады. Ооганстанда жүздөн ашуун наркобарон бар. Булар белгилүү. Бирок аларга жете албай жатышат. Күчү жетпей калууда. Террорчулуктан кийин мына ушул баңги бизнес өтө коркунучтуу. Ооганстандан 5 миллиард адамга жетерлик дозада героин чыгып жатат.

- Талант мырза, жана сиз үчүнчү күч жөнүндө айттыңыз. Ошого ишеним арткандар бар дедиңиз. Ал күчтүн башында бай өлкөлөрдүн катарына кошулуп бараткан Кытай турбайбы?

Талант Разаков: - Жок, Кытай эмес. Бу үчүнчү күч дегеним прогрессивдүү жолго түшкөн ислам мамлекеттери бар. Мына ушул мамлекеттерге багыт алган күчтөр бар. Анын ичине Кыргызстан да кирет. Биздин мамлекетти демократия гүлдөгөн абройлуу мамлекет катары кабылдашат экен. Мен Ооганстанга барганда ушул нерсени байкадым. Анан ушул жакка аракет кылган прогрессивдүү күчтөр да бар. Ушундай өнүксөк лайык мамлекет болсок деген күчтөр да бар экен.

Памирден кат

- Кыргызстан жөнүндө кеп болуп калды. Орозбек мырза, Кыргызстан менен Ооганстандын мамилеси кандай болушу керек. Дегеним өткөн жылы кыргыз делегациясы Памир кыргыздарына барып жолугушуп кайтты. Эми бул иштер эларалык уюмдардын көмөгү менен жасаларын айтышууда. Ошол Ооганстандагы кыргыздардын проблемасына токтоло кетсеңиз.

Орозбек Молдалиев:
- Ооганстандагы кыргыздардын биринчи көйгөйү – улуттун жок болуп баратышы экен. Себеп дегенде аялдар менен жаш балдардын өлүмү көп болуп, ал жерде табиятка терс диспропорция түзүлүп калыптыр. Табиятта өзү ургаачылар көп болот. Ооганстанда ал тескерисинче экен. Аялдар аз, эркектер көп. Өмүр бою аял көрбөй өтүп кеткен эркектер бар экенин айтып арман кылышат экен. Экинчи чоң көйгөйү ден соолукту караган эч ким жок. Х.Карзайдын өкмөтү эптеп эки тажик дарыгерин жиберген экен. Боз үйдө туруп алып алар элди кабыл алып жаткан экен. Бирок маселе аны менен эле чечилбейт. Билим алуу көйгөйлөрү бар. Медресени бүткөн жаштар келип, ошолор арабча кат таанытып, динге үйрөтүп жатыптыр, ошого сүйүнүчтө экен. Башка материалдык кыйынчылыктары көп экен. Өндүргөн продукциясын эч жакка сата албай, материалдык кыйынчылыктарды башынан кечиришүүдө. Туристтер көп келишет экен Памирди көргөнү. Америкалык бир туристтик компания ошолорго сувенир даярдаганды үйрөтүп жатыптыр. Азыркы ооган өкмөтүнүн кыргыздарга мамилеси жакшы экен. Калкынын аздыгына, квота жетишпегендигине карабай 1 депутатка орун бериптир. Ошол депутат кыргыздардын кызыкчылыгын коргоп Кабулда жүрөт. Машине барбаган, беш күн атчан жүрүп жетчү жерге эки мектеп салдырып берген. Бирок анын мугалими жок. Өкмөт өзүңөрдүн тилиңерде окуткула, мугалим табыш жагынан жардам бере албайбыз, дептир. Ошол көйгөйлөрүн чечкенге Кыргызстандын мүмкүнчүлүгү бар. Биз бул жактан дарыгерлерди дары-дармектери менен жиберип, андан кийин бул жакка ал жердин балдарынан-кыздарынан фельдшердик-акушердик окууга киргизип, бир-эки жылда даярдап кайра өз элине жөнөтсөк болмок. Мугалимдерден жардам берсек. Андан кийин мугалимдер, дарыгерлер окуусун бүтүп барып калат. Ошол жагынан эле жардам берип койсок булар абдан ыраазы болгону турат. Биздин акча тыйынга деле алар муктаж эмес. Антсе да гуманитардык жардамдарды алып барган жакшы. Абдурашит кан өзү түшүп келип алып кетти. Ал телекөрсөтүүдөн кайта-кайта чыгып жатат. Бул жакшы, бирок тереңирээк жардам керек. Көчүп келели деген деле ойлору жок. Тилибизди сактап, элдигибизди сактап калсак дешет. Ошону аткарсак мекендештик милдетибизди аткарган болор элек. Х.Карзайдын өкмөтү деле буга абдан ыраазы болот эле. Себеби кыргыздар ал жерде жөн эле жашап жаткан жери жок. Ошол Ооганстандын Кытай, Тажикстан, Пакистан менен чек арасын кайтарып турушат.

- Талант мырза, эгемендик тушунда ушул маселе кез-кез козголуп, анан токтолуп калат. Анын себеби эмнеге байланыштуу деп ойлойсуз?

Талант Разаков: - Кыргызстан өзүнүн чет жердеги кандаштарын унутпашы абзел. Биздики бая Советтер Союзунда эле ушинтип бара коюп, анын көп жылдар бул маселе унутта калып жүргөн. Эми азыр да ошондой акция болуп калбасын деп ойлоп жатам. Бир жолу барып анан бүттү деп унутуп койбосун дейм. Муну системага салыш керек. Жардам жыл сайын болуш керек. Бизде канча чет элдик атуулдар ыктыярдуубуз деп (“волонтер”) жүрүшөт. Эмне үчүн кыргыздардан андай ыктыярдуулар чыгышпайт? Ошол жерге барып, жөнгө салыш керек. Буга ооган өкмөтү каршы болбойт. Мен Ооганстанга барганда ошол кыргыздар жөнүндө мага айтышкан. Алардын кыргыздарга мамилеси түз. Кыргыздын патриот кыз-жигиттери барып өзүбүздүн кандаштарыбызды кыргызча окутуп, жок дегенде 1 – 2 жыл жүрүп келсе элге тамга таанытып. Кыргыздын китептерин, гезит-журналдарын алып барса. Кыргыз деген мамлекет бар экенин таанытып келсе эң эле сонун болмок. Кыргызчылык кенебестигибиз бар. Жеке эле мамлекетке таштап салбай, жекече демилге да көтөрүшүбүз керек. Өз эрки менен иштеп келе турган жаштарыбыз болушу керек.

- Анда эмесе кебибизди жыйынтыктасак. Мырзалар ишиңиздерге ийгилик, угармандарыбызга бакубат ден соолук каалайм!

Ооганстан оңоло алат, бирок жардамга муктаж

Лондон жыйынында Карзайдын талиптер менен жарашуу планы үчүн кор түзүү чечими кабыл алынды. Оң жак четте - Хамид Карзай. 2010-жылдын 28-январы.

Лондондо Ооганстан боюнча эл аралык жыйын аяктады. 70 чакты мамлекет өкүлдөрү катышкан жыйын соңунда айтылгандай, талиптерди жай турмушка тартуу үчүн кор түзүлөт.

Ал эми коопсуздук үчүн жоопкерчиликти ооган күчтөрүнө өткөрүү жараянын баштоо ушул жылдын соңу - келерки жылдын башына белгиленди.

Ооган президенти Хамид Карзай 28-январдагы Лондон конференциясына анын Талибандын байистүү, террорчул уюмдарга байланышы жок катмары менен элдешүү планы Батыш өлкөлөрү тарабынан колдоо табат деген үмүттө келген эле жана үмүтү акталгандай болду.

Аталган маселе боюнча чечимди конференция соңундагы маалымат жыйында АКШ Мамлекеттик катчысы Хиллари Клинтон айым жарыялады:

- Бүгүн кабыл алынган чечимдер арасында Ооганстандын өкмөтүнүн нааразы талибдерди тынч жашоого тартуу боюнча аракетин колдоо үчүн тынчтык жана реинтеграция корун түзүү да бар.

Мунун шарты катары алардын (талибдердин) зордук–зомбулуктан, “ал–Каида” менен кызматташтыктан баш тартуусу, Ооганстандын Конституциясы менен мыйзамдарын сактоосу эсептелет.

АКШ армиясына Ооган өкмөтүнүн козголоңчуларды уруш талаасынан алып кетүү боюнча аракетин колдоосу, жер–жерлердеги биздин командирлер буга жардам бериши үчүн олуттуу каражаттарды пайдаланууга уруксат берилди.


Лондондон түшкөн кабарларга караганда, дүйнөнүн ири өлкөлөрү аталган кордун алгачкы жылкы иши үчүн 140 миллион доллар ажыратууну убада кылышты.


Конференцияда ошондой эле Ооганстандын вилайеттеринде (провинцияларында) коопсуздук үчүн жоопкерчиликти жергиликтүү күчтөргө өткөрө баштоонун мөөнөтү макулдашылган.

Жыйындын конок ээси – британ тышкы иштер министри Дэвид Милибэнд 2010-жыл Ооганстан үчүн көп жагынан чечүүчү жыл экендигин белгилөө менен буларды билдирди:

- Ниет - кээ бир провинцияларда 2010-жылдын соңу, 2011-жылдын башталышы менен шайлоо өткөрүү. Бул президент Карзайдын коопсуздук жетекчилигин вилайеттердин дээрлик жарымында үч жылда, ал эми бүткүл Ооганстан боюнча беш жылда алуу милдеттемеси аткарылуусуна алып баруучу жол.

Президент Хамид Карзай болсо Лондон жыйынындагы сөзүндө анын өкмөтү өлкөнү башкаруу үчүн жоопкерчиликти ала баштоого даярдыгын, бирок бул үчүн эл аралык коомчулуктун жардамы зарылдыгын баса белгиледи:

- Мен Ооганстандын элинин бүгүнкү күнкү эңсөөсүн жана талабын жөнөкөй эле төрт сөз менен жалпылоого болот деп эсептейм. Алар: ооган жетекчилиги жана ооган ээлиги.

Карзай мырза ошондой эле Талибан менен элдешүүнү караган планынын ийгилиги өзгөчө Сауд Аравиянын падышасынын ниетине жана коңшу Пакистандын кызматташтыгына жараша болорун эскертти.

Анткени 1990-жылдары Талиптик режимди каржылаган бул эки өлкө талиптердин башкы очокторуна азыр да таасири бар деп эсептелет:



- Биз коңшуларыбыздын баарынан, өзгөчө Пакистандан биздин тынчтык жана элдешүү аракетибизди колдоону суранабыз.

Эл аралык коомчулук да бул аракет планын колдойт деп үмүттөнөбүз.


Элдешүү жараянынын башталышы катары алдыдагы айларда оогандардын Лоя Жиргасы же уруу башчыларынын жалпы курултайы чакырылган жатат. Бирок аймак боюнча серепчилер Кабул жана анын эл аралык колдоочулары талиптерге жан тарткан түрдүү тайпалар эмнени көздөп жатышканынан үстүрт гана кабардар деп тынчызданышууда.

Лондондон кийинки эл аралык жыйын эми жай мезгилинин башында Ооганстандын өзүндө өткөрүлө турган болду.

Анда расмий Кабул жана эл аралык колдоочулар жетишилген ийгиликтердин жыйынтыгын чыгарып, алдыга конкреттүү максаттарды белгилешмекчи.

Гезиттер Бакиев менен Бакиевдер тууралуу жазышууда

Баяндамабыз бүгүн жарык көргөн гезиттер аркылуу болмокчу.

“Учур” гезитине маек курган ЖК депутаты Б. Наргозуев президенттин уулу Максим Бакиевди жаш реформатор катары сыпаттап, Максимдин акыркы жүрүштөрүн көрүп, натыйжа болоруна үмүттөнгөнүн, ал башкаруунун жаңы технологияларын киргизип атканын, Максим жетектеген агенттик ипотека менен үй салууга мүмкүндүк түзгөнүн, айылчарбасына көңүл бура баштаганын, коррупця дагы кескин азаярын айткан.

-Максим Бакиевдин отурган орду канчалык деңгээлде мыйзамдуу деп ойлойсуз?- деген суроого Наргозуев: -1-ден Максим Курманбекович азыр президент эмес. Эгер эл шайласа Кыргызстанды башкарышы мүмкүн. Кызмат үчүн жанталашса 2005-жылы деле кызмат алып алат болчу. Мындай караганда атасы бийликке келгенден 5 жылдан соң кызматка келип атпайбы, - деп жооп берүү менен депутат мырза дүйнөдө атасынын ордуна уулу президент болгон мисалдар арбын экенин айтып, Буш менен Гейдар Алиевдин уулдарын элдин эсине салган. Наргозуев эми Максимди шайлоого барат деп ойлоорун, ал үчүн кыргыз тили деле олуттуу тоскоол боло койбосун, анткени Максимдин балалыгы Жалал-Абад менен Тогуз-Тородо өткөндүктөн тилди терең билерин, элдин күнүмдүк тиричилиги жакшырса эле эл Максимге добуш берерин, шайлоодо утуп чыгарына ишенерин айткан .

Ушул эле гезит баяндамачы Сабыр Муканбетовдун “Тараза ташы Жанышка оойбу?” деген макаласын жарыялады.

Президент Бакиевдин башкаруу саясатын талдоого алган автор мураскерлик маселесине токтолуп: “Курманбек Бакиев баласы Максимди мураскер кылганы жатат” деп дүргүп аткан кыргыз коому” тактыга иниси Жаныш Бакиевдин да көз артып жатканы тууралуу” бекеринен айтып жатпаса керек. Эгер президент милдетин аткара албай калган жагдай түзүлсө, мисалы чет жерде ооруканада болсо, мамлекеттик күзөттүн башында турган Жаныш Бакиевдин таасири күч болуп, Максимди дайындоо кыйындаары, ошондо окуя түркмөн варианты боюнча өнүгүшү мүмкүндүгүн байкоочулар башынан эле баамдаганы белгилүү экенин, эпадам эл арасында бул эки бир туугандын тараза ташын салмактай келсек, карапайым калктын көңүлү Жанышка ооп кетери байкала баштады” деп баяндады.

Гезиттердин катарын жакындан бери “Нур эл” аттуу жаңы гезит толуктады. “Руханий-тарыхый, маданий-адабий гезит” аталган басылма бул санына “Манас эл” кыймылынын президент К. Бакиевге кайрылуусун басты. Анда “Манас” дастанынын ЮНЕСКО тарабынан Кытай Эл Республикасынын энчиси катары каттоого алынышын кыргыз эли оор кабыл алганына, “Манас” үчүн кытай мамлекети 55 млн. юань же 1жарым млн. АКШ доллар өлчөмүндө каражат бөлгөнүнө, ал эми кытай кыргыздарындагы Жусуп Мамайдын аты менен чыгарылган “Манас” кезинде кытай тараптагы кыргыздарга барган манасчылар Чоюке, Шапак, Таабалды, Дыйканбай, Балык, Найманбай, Сагынбайлар айткандардан жыйналып, топтолуп алынган чыгарма болуп саналарына окурман көңүлүн бурган.

Гезит андан ары Кален Сыдыкованын “Кыргыз тарыхы”, Нуржан Сакыеванын “Манас - жогорку акыл-эс”, Насыйкат Кудаярованын “Кыргыздын улуттук каада-салты менен үрп-адатынын эрежелери” деген макалалары жана айтылуу комузчу Нурак Абдрахмановдун “Батышты туурай берип еврейге айланып баратабыз” деген аталыштагы интервьюсу жарык көрдү.

Комузчу Нурак Түркияда Табышали деген кооз шаарда концерт бергенин, ошондо концерттен кийин бир зыңгыраган киши басып келип, дагы үч күн кетпей концерт берүүсүн суранып, 1000 доллар төлөп берерин убада кылганын, үч күн катары толтура залда концерт беришкенин, көрсө тиги киши кыргыздардын улуу-кичүүсүн урматтап, сыйлап, бири-бирине жасаган мамилесин жактырып, суктанганын, таң калганын, анан ушунуңарды жоготпой сактагыла деп тамшанганын аңгемелеген.

“Асман kg” гезитинин баш макаласы “Курулай курултай болуп калбасын” деп аталып, автор: “Журтка салмагы, айта турган акылы, айтууга жарай турган эрки бар инсандар курултайга келмейинче бийлик менен коомдун ортосуна көпүрө болуп бере турган түзүмдүн иши илгерилебеши мүмкүн. Президент өзү демилге көтөрүп чакырып жаткан курултай дүжүр аксакалдардын, кошоматчы жаштардын бирикмесине айланып калбашына эч ким кепилдик бере албайт” деген оюн ортого салды.

Ушул эле сандагы “Айтыш” фондунун жетекчиси Садык Шер Нияздын маеги “Журттун элитасына кирген парламенттин өкүлү кантип ушинтип сүйлөсүн” деп аталат. Садык мырза коммунист депутат Бейшенбек Акунов НТС каналы аркылуу “Курманжан датка, Ормон хандын буту Бишкекти баскан эмес, алардын эстелигинин бул жерде турууга акысы жок” дегенине каяша кылган.

“Жаңырык апта”
гезити Омарбай Нарбековдун интервьюсун тартуу кылды. Уландысын эмдиги санына калтырган маегинде академик: “Кризистен чыгуунун жолу бир: жегенди, талаганды токтотуш керек” деп ток этер жерин айткан.

Ынтымак курултайы тууралуу пикирин Нарбеков курултай идеясын кезинде “карыялар кеңеши” сунуш кылганына, гезит аркылуу элди талкууга тартканына, бирок агезде билмексен, көрмөксөн болгон бийлик эми дал ушунун өзүн өз пайдасын көздөп көтөрүп жатканына токтолуп: “Ынтымак курултайы юридикалык орган эмес. Бирок жалпы эл колдоду дегендей “аргументке” жем таштап коет. Анан элди уруп ойнобой, каалаган талканын чала берет” деген пикирин билдирген.

Ушул эле гезит “Карыялар кеңеши” уюм мүчөлөрүнүн калкка кайрылуусун шардана кылды. Кайрылуу катта улуттук байлыкты талап-тоноо, ага анча-мынча гана бир ууч адамдар туйтунуп, элди 18 жылдан бери сызга отурганча сыздатып келатканы карандай далилдер менен талдоого алынып: “Электр тармагын мамлекет башкара албай калды дейт. Андай болсо берсин президенттик орунду. Мамлекет да башкарылбай калды. Ишкананын жабдыктары эскирди дейт. Жабдыктарды жаңылагыла деп чет эл кредиттеринен бөлүнгөн 400-450 АКШ доллары кайда? Аны азыр эл төлөп атат. Изин таап, жарыя айтсын! Акаев качып кеткен менен, жалмагандар президенттин жанында жүрөт” деп жазылган.

Гезит булардан тышкары Ынтымак Курултайына жана генерал Исмаил Исаковдун эркинен ажыратылышна байланыштуу айрым атуулдардын ой-пикирлерин да жарыялаган.

Тажиктердин өткөнү оогандарга өрнөкпү?

"Тажикстанда проблемалар көп, бирок алардын баары жайчылык кездин проблемалары". Мухиддин Кабири, Ислам кайра жаралуу партиясынын лидери.

Ооганстандын түндүктөгү коңшусу Тажикстанда он жылдай илгери ич ара жарандык согуш токтоп, бейкут турмуш башталган эле. Өлкөдө азырынча жакырчылык кеңири жайылганы менен бекем тынчтыктын негизи түзүлдү. Айрымдар ушул өнөгөдөн оогандар үчүн пайдалуу көп сабактарды көрөт.

Тажикстандагы ислам кайра жаралуу партиясынын азыркы лидери Мухиддин Кабири учурунда улуттук жарашуу комитетинин мүчөсү болгон. Комитетке тынчтык келишиминде каралган шарттардын аткарылышын көзөмөлдөө милдети жүктөлгөн эле.

Кабири түпкүлүгүндө тажиктердин ачуу тажрыйбасында оогандарга сабак болгонго жараган жагдайлар арбын экенин танбайт.

"Улуттук биримдик, тынчтык үчүн биз негизги принциптен баш тартканбыз: ислам мамлекетин эмес, динаятсыз мамлекет системасын кабыл алганбыз, Эмомали Рахмонду жалпы улуттук өкмөттүн башчысы катары моюндаганбыз", -дейт Кабири.

Өз кезегинде өкмөт бардык башкаруу мекемелериндеги кызматтардын отуз процентин оппозициянын өкүлдөрүнө бермек болгон. Оппозиция болсо жети миңдей лашкерин куралсыздандырып, бейпил турмушка кайтарганга милдеттенген. Үч жыл аралыгында ошол шарттардын көбү аткарылды. Өлкөдө тынчтыктын негизи ушинтип бекемделди.

Арийне, тажик оппозициясынын бардык эле жасакчылары куралын таштагысы келген жок, жоон тобу корбашыларын ээрчип, Ооганстанга ооп кетишти жана ал жерде "Талибандын" кошуундарын толукташты. Бирок козголоңчулардын басымдуу көпчүлүгү жайкын турмушка өтүштү. Алардын бири Олим Одилов Рештте жергиликтүү полицияга алынып, он жыл кызмат өтөп, былтыр пенсияга чыкты.

"Он жылдай илгери эмне болуп жатканын так ажыратып билбей калганбыз. Өкмөт аскерлери биздин аймакка жапырык жасап, биз болсо алардан өзүбүздү коргогону курал алганбыз",- деп эскерет ал. Эми ага баары айкын. Банктан насыя алып, чакан бизнес ачты, уруш маалын түшүндө көргөн бир алаамат иштей эбак унутту.

Одиловду мисалга тартып, Кабири ооган талиптерин деле ушундай жолго салса болот деп эсептейт. Болгону аларга элдешүү үчүн көп жылдар керек, эмнеге дегенде бул жерде согуш отуз жылдан бери уланып келатат. Бирок али деле кеч эмес, тараптар эч кандай шарт койбостон, тикелей сүйлөшүүлөрдү баштаса, келечектеги баракатчылыкка нук салынат.

Сүйлөшүүлөрдү баштоо үчүн Кабири ооган өкмөтү жана эл аралык арачылар "Талибан" кыймылын, анын куралдуу жаңчыларын мунусу "байисттүү", тигиниси "радикал" деп ала-кулага бөлгөндөн этиет болушу керек дейт. "Алардын бир жааты менен эле келишим түзгөндө, экинчи жааты урушту уланта берет".

Тажикстанда тынчтык процесси сыдыргыга салгандай сыйда болгон жок. Өкмөт элдешүү келишиминдеги милдеттеринин түгөл бааарын эле аткарбады. Ислам кайра жаралуу партиясы соңку шайлоодо парламентке эки гана кишисин өткөрдү. Жооптуу кызматтардын көбүндө президент Рахмондун кишилери турат. Ошентсе да Кабири буга өктөө кылбайт.

"Өлкөдө проблемалар көп, бирок алардын баары жайчылык турмуштун проблемалары. Кан төгүлбөсө, кайра уруш тутанбаса, буйруса, баары чечилет",-дейт Кабири. Ал ооган калкына да ушундай жол каалайт.

Абдуфарит Расулов: “Саиповду мен аткан эмесмин!”

Сүрөттө: Айыпталуучу Абдуфарит Расулов сотто.

Ош шаардык сотундагы териштирүүнүн жүрүшүндө маркум журналист Алишер Саиповдун мыйзамдуу өкүлү, атасы Авас Саипов кылмыш иши жакшы тергелбегендигин, окуянын чыныгы катышуучулары бир да жолу суракка чакырылбаганын белгилеп, кайра тергөөгө жөнөтүүнү талап кылды.

Ал аралыкта кабарчынын атылышына тиешеси бар деп шектелип, бир жылдан бери абакта жаткан Абдуфарит Расулов өзүнө коюлган кинелерди мойнуна алган жок. Мамлекеттик айыптоочу Кубаныч Машаев Авас Саиповдун да, Абдуфарит Расуловдун да жүйөлөрүн негизсиз деп билдирди.

Ош шаардык сотунун жүрүшүндө мамлекеттик айыптоочу Кубаныч Машаев Лейлек районунда Абдуфарит Расулов 2009-жылдын 23-февралында маң зат ташып баратып кармалганын билдирди.

Милиция кызматкерлери анын үйүн тинткенде, октолгон Макаров тапанчасы табылган. Соттук-баллистикалык экспертиза бул куралдан журналист Алишер Саипов атып өлтүрүлгөндүгүн тастыктаган:

- Абдуфарит Расулов жогорудагы кылмыш менен чектелген эмес. Ал кимдир бирөөнүн өмүрүн кыюу максатында Ош шаарына келген. 2007-жылдын 24-октябрында саат 19 чамасында Масалиев көчөсүндө Алишер Саипов шериги Ыкбал Мирсаитов менен унаа күтүп турушкан. Ошол маалда Абдуфарит Расулов жашынып турган жеринен чыгып, колундагы Макаров тапанчасы менен журналисттин адегенде оң бутун жарадар кылып, андан кийин мыкаачылык менен башына эки ирет ок аткан да, окуя болгон жерден качып кеткен.

Ички иштер министрлигинин акыркы маалыматына караганда, сурак учурунда айыпталуучу Абдуфарит Расулов тапанчаны Тажикстан жараны Фарух Шарахматуллаевден алгандыгын мойнуна алган. Ушундан улам ага издөө жарыяланып, үстүбүздөгү жылдын башында Тажикстанда кармалгандыгы маалымдалды.
Кымындай күнөөм жок. Ары-бери сүйрөп кыйнап бүтүштү.


Кабарчынынын өлүмүнө тийешеси бар делген экинчи айыпталуучу Фарух Шарахматуллаевди Кыргызстанга алып келүү максатында эки өлкөнүн Башкы прокуратурасы сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө.

Ал эми Кыргызстандын Ички иштер министри К.Конгантиевдин маркум А.Саиповду атууга катыштыгы бар делип дагы бир адам Тажикстанда кармалды деген маалыматына карата Тажикстандын Согд облусунун Ички иштер башкармалыгынын маалымат катчысы Феруз Боки «Азаттыктын» Тажик кызматына мындай маалымат берди:

- Бул туралуу сөз жок. Эгерде андай маалымат болгондо, биз укмакпыз. Анткени кылмыштар тууралуу биз өзүбүздөгү кабарлар аркылуу билип турабыз. Эгерде аларды Коопсуздук комитетинин адамдары кармаган болсо, алар бизге маалымат беришпейт. Муну мен айта албайм.

Маркум журналисттин мыйзамдуу өкүлү, атасы Авас Саипов кылмыш иши жакшы тергелбегендигин, окуянын чыныгы катышуучулары бир да жолу суракка чакырылбаганын белгилеп, ишти кайра тергөөгө жөнөтүүнү талап кылды:

- Мурдагы сот отурумдарынын биринде да экспертизанын корутундусун, балам атылган тапанчаны көрсөтө алышкан жок. Ошондуктан бул кишинин менин уулумдун өлүмүнө эч кандай тиешеси жок. Эгерде Абдуфарит Расуловдун кандайдыр бир башка күнөөсү болсо, өзүнчө соттой бергиле! Мен башынан шектенген милициянын майору Токтосун Асаевди, журналист Даврон Насибхановду, серепчи Ыкбал Мирсаитовду ушул күнгө чейин сурак кылбаганы үчүн тергөөчүлөр бул жерде мага түшүндүрмө беришсин.

Мындай өтүнүчтү мамлекеттик айыптоочу Кубаныч Машаев четке какты:

- Кылмыш ишин кайра тергөөгө жөнөтүүгө негиз жок. Ал эми Авас Саиповдун дооматтарына тергөөнүн жүрүшүндө баа берилген.

Ошол эле учурда айыпталуучу Абдуфарит Расулов Алишер Саипов атылган күнү Ошто болбогондугун, муну бышыктай турган күбөлөр бардыгын айтып, коюлган айыптын бирин да мойнуна алган жок:
Абдуфарит Расулов мыкаачылык менен башына эки ирет ок аткан да, окуя болгон жерден качып кеткен.


- Бир жылдан бери жөн эле олтурам. Кымындай күнөөм жок. Ары-бери сүйрөп кыйнап бүтүштү. Далилдей алышпадыбы, акташсын!

Сотто төрагалык кылуучу судья Бурханидин Нурмаматов Авас Саиповго анын өтүнүчү боюнча мындайча түшүндүрмө жасады:

- Сиз атайын жараянды создуктуруп жатасыз. Же түшүнбөй калдыңызбы, билбейм. Тергөө жана прокуратура органдары бул кишини айыптап, ишин сотко жөнөтүштү. Абдуфарит Расуловго сиздин балаңызды өлтүргөндөн башка да күнөөлөр тагылууда. Үйүнөн маң зат, тапанча табылыптыр. Ошондуктан, бул кишинин багын байлап, ары-бери калчаштын кажети жок. Тагдырын чечибишиз керек. Эгерде айыбы ордун таппаса, бошотушубуз зарыл. Сиз айтып жаткан башка кишилерди таап, жоопкерчиликке тарткыла деп кылмыш ишин артына кайтарганыбыз оң. Уулуңузду аткан кишилерди издөө кайра эле ошол органдардын өздөрүнө жүктөлөт.

Ошентип судья Бурханидин Нурмаматов тыныгуудан кийин кечке маал Авас Саиповдун өтүнүчүн канааттандырбагандыгын, сот жараяны жакынкы күндөрдө кайрадан улантыларын жарыялады.

"Азаттыктын" архивинен: А.Саипов: Баламды өлтүргөн адам табыла элек. 09.12.2009

А.Саипов: Баламды өлтүргөн адам табыла элек
please wait

No media source currently available

0:00 0:00:51 0:00

Түркмөнстанда "улуу курулуштар" башталды

Түркмөнстандын борборунда "улуу курулуштар" башталат. Атүгүл пингвиндер үчүн үстү жабык корук жай салынат.

Түркмөнстан 2011-жылы көз карандысыздыктын жыйырма жылдыгын белгилейт. Бул мааракени утурлап, президент Гурбангулы Бердымухамедов ири масштабдуу курулуш пландарын жарыялады.

Түркмөн президенти быйыл эле өлкөдө эң ири 240 курулуш жайларын салып бүткөрүүгө көрсөтмө берген. Жакында бул план дагы кеңейтилди.

"Улуттук жана чет элдик инвестицияларды тартуу аркылуу Түрмөнстанда алдыдагы эки жылда 23 миллиард 600 миллион долларга жүздөгөн жаңы имараттар курулат",- деп билдирди түркмөн президенти.

Өкмөттүн быйылкы жылдагы бүжети 16 миллиард долларга барабар. Анын 12 миллиарды жалаң жаңы курулуштарга сарпталат.

Негизги долбоорлор Ашхабадда пландалууда. Бул жерде курулуш иштери 90-жылдардын орто ченинде башталган. Президент Сапармурат Ниязов министрлердин түгөл баарын өздөрүнө жаңы үйлөрдү салганга, ошондой эле беш жылдыздуу мейманканаларды курганга милдеттендирген. Куну кымбат конок үйлөргө азыр конуп-түнөп кеткени жолоочулар өтө эле сейрек келет.

Президент Бердымухамедовдун жаңы планы боюнча шаардагы кыябандар менен сейилбактарды бойлото кыдырата суу оргутмалар орнотулат. Жайкы аптада күндүн ысыгы 50 градуска чейин жетип, мээ кайнатып жиберген абалга карабастан Ашхабадда жадакалса пингвиндер үчүн үстү жабык корук жай, ошондой эле көк жылгаяк жасалма муз сарайы курулат, айтылуу ахелтекин тулпарларына арналып заманбап аткана салынат. Алардын баарын күчтүү желдеткичтер менен күнү-түнү салкындатып турушат.

Түркмөнбашынын алтын жалатылган эстелиги бузулат, ага кирген Битарап монументи шаардын четине көчүрүлөт. Жергиликтүү көз карандысыз журналист Девлет Йазгулиев эл ичинде "үч аяк" атка конгон эстеликтин бузулушун калк кубаттап жатканын ырастап, дегеле мурдагы диктаторду эске салган, ага байланышкан башка айкелдер, айрыкча "Рухнамеге" арналган эстелик да алынса жакшы болор эле деген көз карашын билдирди.

Ошол эле учурда жаңы курулуш пландарына шаарлыктардын көбү бел алды болуп, беймазалана баштады. Шаардын келбет-көркүн бузат делинген турак жайлардын канчасы сүздүрүлөт, алардын ээлерине каяктан үй берилет, чыгымды ким төлөп, ким көтөрөт – бул тууралуу бийликтердин токтомунда кең-кесири эчтеме айтылган эмес.

"Улуу курулуштардын" айынан буга чейин эле Ашхабаддын борбордук бөлүгүнөн шаар четине сүрүлүп чыккандардын көбү жолоочудан бетер жолум үйлөрдө жашап калышты. Тарткан чыгымдын ордун толтуруп берет деген убада эбак унутулду.

Жаңы планда мындан тышкары Каспий кылаасындагы Аваза туристтик базасына ири өлчөмдө каражат каралды. Бул жердеги курулуштар Дубайдагы атактуу комплекстерди эске салат.

Курорт базасы курулуп бүткөндө деле ал жерде эс алып, ден соолугун чыңдап турганга жараган капчыктуу түркмөндөр табыларынан жергиликтүү байкоочулар абдан эле күмөнсүнүшөт.

Чек арадагы атышуу үчүн ким жооп берет?

17-январда атышуу болгон Чек айылынын өзбек тарабы.

17-январда өзбек чек арачылары атып, өз аймагына алып кирип кеткен кыргыз жоокери Н. Орункулов Мекенине кайтарылып, Оштогу госпиталда дарыланууда. Чек ара кызматынын төрага орун басары Ч. Турусбековдун айтымында, бул ишке тиешелүү тараптар баасын берет.

Чолпонбек Турусбеков
- Чолпонбек мырза, Өзбекстанда кармалып турган кыргыз чек арачысы мекенине кайтарылган турбайбы. Ал жигиттин абалы кандай?


- Ушул окуяга байланыштуу мамлекеттик Чек ара кызматынын төрагасы, генерал-майор Аскар Жапаров Ташкент шаарында атайын иш жолугушуусун жүргүзгөн. Жолугушууда Өзбекстандын чек ара кызматынын кол башчысы генерал-майор Мирзаев болгон. Бул жолугушууда ортого ар түрдүү маселелер коюлуп, жыйынтыгында биздин сержант Нурбек Орункулов Кыргызстанга кайтып келди. Бүгүнкү күндө анын ден-соолугу жакшы.

- Өзбекстандын жергиликтүү телеканалдары “Кыргыз жоокери адегенде чек ара тартибин бузгандыктан кармалды”- деп көрсөтүп жатышпадыбы. Сиз буга кандай дейсиз?

- Кээ бирде мындай расмий эмес маалыматтарды биз дагы көрүп атабыз, интернет сайттарда чыккан акыркы маалыматтарды карап көрсөк чындыкка жатпайт. 17-январда болгон окуядан кийин комиссия өзүнүн бир тараптуу изилдөөсүн бүткөн соң массалык маалымат каражаттарына, интернет сайттарга дагы биринчи маалымат чыгарганбыз. Бул окуя Кыргызстандын ичинде болгон, эми ага Аскердик прокуратура юридикалык баа бериш керек. Өзбекстан тарап дагы бул боюнча өздөрүнө тиешелүү жумуштарын жасап жатышат деп ойлойбуз. Бирок биз 17-январда Өзбекстан тарапка бул окуяны биргелешип иликтөөнү сунуш кылганбыз.

- Ата-энеси чочулагандай, Нурбек Орункулов орто жолдо жоопкерчиликке тартылып калбайбы?

- Чек ара кызматы соттун чечимин чыгара албайт, Өзбекстан тарабы да чыгара албайт. Бул жерде атайын түзүлгөн топ иштеп атат, биз тараптан Аскер сотубу, же Улуттук коопсуздук кызматыбы ошолор карайт. Бул мамлекеттик чек арада болгон орчундуу маселелердин бири болуп атат. Ал боюнча ким иш козгоп, ишти ким алып барса ошолор баасын берет деп ойлойбуз, биз дагы өз баабызды беребиз.

- Эки мамлекет арасында тактала элек жерлер көп эмеспи. Ошого карабастан, серепчилер белгилегендей, кээде Өзбекстан чек ара маселелерин бир тараптуу чечип жаткандай туюлат?

- Бул суроого мен өзүбүздүн мамлекеттин, анан мен кызмат кылып аткан Чек ара кызматы боюнча гана жооп бере алам. Мен алардын ички ишине киришпейм. Бизде 60ка чукул чечиле элек маселелер бар. Бүгүнкү күндө 1375 чакырым мамлекеттик чек аранын 300 чакырымдан ашыгы тактала элек. Бул бүгүнкү күндө эле бүтүрүлө турган жумуш эмес, анын аягына чыгыш үчүн канча деген күч, эмгек керек. Мен өзүм да бир убакта коммиссиянын жумушуна катышып келгем ошолорго жардам берип, жеке эле чек ара кызматы эмес бүт күч структуралары, жергиликтүү бийлик, мамлекетибиз да жакшынакай жардам берип койсо ушул иш тезирээк аягына чыгат эле.

- Дегеле чек араны делимитациялоо жана демаркациялоонун кечеңдетилиши сиздерге кыйынчылык туудуруп жаткан жери жокпу?

- Мен кичине сиздин сурооңузду тактап кетейин, бул жерде жумуш токтоп калган жок, бирок кандай денгээлде болуп атат деген маселени койсок ошол туурараак болот. Албетте бизге таасири тиет, чечилбеген маселелер көп болуп атат. Бүгүнкү күндө жергиликтүү бийлик, райондуку, облустуку жана тышкы иштер министрлиги биригип, маселени ортого коюп, чечиш керек.

- Маегиңизге рахмат.

“Рубин” Шериктештик Кубогунун чемпиону болду

Орусиянын Москва шаарында КМШ жана Балтика өлкөлөрүнүн чемпиондорунун Шериктештик Кубогу өттү. Бир аптага созулган мелдешке 16 клубдун өкүлдөрү катышып, мөөрөй талашты.

Жарым финалдык таймашта Орусиянын чемпиону Түркмөнстандын МТТУ клубун жеңсе, Казакстандын “Актөбөсү” Литвиянын “Экранас” командасын утуп, финалга чыгышты.

Чечүүчү оюнда Казандын “Рубини” Казакстандын чемпионун 5:2 упайы менен жеңип, Кубоктун ээси аталды. Мелдештин бомбардири наамына кыргыз футболунун тарбиялануучусу, учурда “Актөбө” клубунда ойноп жаткан Эмил Кенжесариев татыды. Ал турнирдин жүрүшүндө атаандаштардын дарбазасына жети гол киргизген.

Шериктештик Кубогунда “Дордой-Динамо” кантти?

Мелдеште Кыргызстандын намысын өлкөнүн алты жолку чемпиону “Дордой-Динамо” коргоду. Бирок өлкө чемпиондору группа ичинде өткөн оюндарда ийгиликке жетпей мелдештен четтеп калышкан. Команданын башкы директору Борис Подкорытов “биздин беш спортчубуз бул мелдешке катыша алган жок. Эгер алар курамыбызда болгондо биз көп ийгиликтерге жете алмакбыз” деп билдирди.

Ганалык оюнчулар Тэте менен Данэл Таго эч кимге айтпастан Кубок алдында Тажикстанга кетип калышкан. Ал эми Максим Кретков менен Мирлан Мурзаев Орусиянын башка клубдарында сынакта жүрүшкөн.

Канат Бегалиев Улуттук олимпиада комитетинин президенти Мурат Саралинов менен
Кыргыз балбандары Орусияда ийгилик жарата алган жок


Орусиянын Тюмен шаарында грек-рим күрөшү боюнча Иван Поддубныйдын элесине арналган Эл аралык мелдеш өттү. Бул турнирге Кыргызстандын намысын үч спортчу коргоду.

Азия чемпионатынын коло медалисти Мурат Романов, Бээжин олимпиадасынын байге ээлери Руслан Түмөнбаев менен Канат Бегалиев атандаштарынан жеңилип калгандыктан байгелүү орундарга татышкан жок.

Мелдешке 20 чакты өлкөдөн 200гө жакын балбан мөөрөй талашты. Командалык эсеп боюнча Орусия биринчи, Казакстан экинчи, АКШ курамасы үчүнчү орунга татыды.

Үмүт жандырган жаш хоккейчилер

Бишкектин жеткинчек хоккейчилери Алмата шаарында күч сынашты. Курамы бештен жети жашка чейин спортчулардан турган “Илбирс” командасы алгач Казакстандын “Нур Енбек” клубу менен мөөрөй талашты. Эсеп 8:0 упай менен аяктап, талаа ээлери ийгиликке жетишти.

Экинчи оюн да кыргыз хоккейчилеринин утулушу менен аяктады. Анда 7:2 эсебинде Алматанын “Нуренбек” клубу жеңишке жетти. Бул беттешүү 2011-2012-жылдагы Казакстандын ачык чемпионатына катышуу үчүн жасалган алгачкы кадамдар. Жеткинчектер командасын Бишкектин “Хан-Теңри” клубунун дарбазачысы Адил Алменов машыктырууда.

Быйылкы хоккей сезону Чаек айылында ачылды

Жумгал районундагы «Шортон» муз майданында Эркинбек Матыевдин элесине арналган хоккей мелдеши жыйынтыкталды. 11-ирээт өтүп жаткан турнирге алты команда катышып, өз ара мөөрөй талашты. Негизинен мелдеш курч мүнөөздө өтүп, финалдык таймашта Жумгалдын “Эркин-Фарм” клубу Нарындын “Дордой-Ала-Тоо” командасын жеңип, турнирдин чемпиону болду.

Үчүнчү орунга “Тенти-Аке” командасы жетти. Быйылкы мелдештердин жүрүшүндө алдыңкы оюнчулар тандалып, жакында түзүлө турган курама командага мүчө болушат. Кыргызстан курамасы Жетинчи кышкы Азия оюндарына чакыруу алган.

Хоккей федерациясынын башчысы Мурат Жакыпов мелдештин жыйынтыгы тууралуу “Азаттыкка” буларды айтты:

- Мелдеш быйыл 11-жолу өттү. Ага Бишкек, Чолпон-Ата, Нарын шаарларынан бирден, Жумгал районунан үч команда катышып, мөөрөй талашты. Оюнчулардын чеберчилиги да өсүп келатат. Чаекте хоккей мындан он жыл илгери башталган. Ошондогу жеткинчектер азыр жакшы көрсөткүчтөргө ээ болушууда. Финалдык таймашта бул турнирдин беш жолку чемпиону “Дордой-Ала-Тоо” клубун “Эркин-Фарм” командасы жеңип алды.

- Ошентип хоккей сезону ачылды. Эми алдыда кандай турнирлер өтөт?

- Жакын арада Нарын шаарында, андан соң февраль айында Бишкекте мелдештер болот. Андан тышкары Казакстандын клубдары менен жолдоштук беттешүү өткөрөбүз. Жаш балдар арасында да турнир өткөрүүнү көздөп жатабыз. Хоккей жаатында чоң-чоң кадамдар менен жылыштар болууда.

Кыскача спорт кабарлары:

28-29-январда Раатбек Санатбаев атындагы спорт борбордо грек-рим күрөшү боюнча Кыргызстандын чемпионаты өтөт.

29-31-январда Кожомкул атындагы спорт сарайда СССРдин спорт чебери Эркин Акуновдун элесине арналган волейбол боюнча мелдеш болот.

30-31-январда Кожомкул атындагы спорт ордодо бокс боюнча Дүйшөнкул Шопоковдун элесине арналган турнир өтөт. Мелдешке 250 чакты спортчунун катышары күтүлүүдө.

30-31-январда Раатбек Санатбаев атындагы спорт мектепте самбо боюнча Кыргызстандын биринчилиги болот. Турнирге өлкөнүн бардык аймактарынан спортчулар келишет.

“Бир айлык маянам бир кап унга жетчү”

Кыргыздын чет жактарга кетип жаткан көптөгөн адистеринин катарында театр адистери да бар. Кыргыз театрынын эртеңи кандай болот? Казакстанда иштеп жаткан актер жана режиссер Батырбек Шамбетов менен “Сахна” тобунун актеру Илгиз Жунусов "Азаттыкка" кыргыз театрынын келечеги тууралуу ой бөлүшүштү.

Батырбек Шамбетов - жогорку театралдык билими бар кыргызстандык актер жана режиссер. Ал 10 жылга чукул убакыттан бери Казакстандын Петропавловск шаарындагы Сабит Муканов атындагы облустук театрда өз кесиби менен эмгектенип жатат. Жаш актердун чет өлкөгө кетишине жашоо шарттын жоктугу, айлык маянанын аздыгы себеп болгон:

- Мен окууну жаңы бүтүп, мындан 10 жылдай илгери Касымалы Жантөшев атындагы Каракол облустук театрында иштедим. Айлыгым 400 сом эле. Бир кап унга гана жетчү. Үй-жай да жок. Келинчегим экөөбүз театрдын режиссерлор бөлмөсүндө бир жыл жашадык. Анан Казакстандан чакыруу болуп, кете бердим.

Илгиз Жунусов – белгилүү театр режиссеру, Нурлан Асанбеков жетектеген “Сахна” фольклордук тобун негиздөөчүлөрдүн бири.

Нурлан Жунусовдун айтымында, “Сахна” фольклордук тобунун түзүлүшүнүн башкы максаты –“Эпосторго жан салуу” долбоору аркылуу жаш муундар көп билбей бараткан кыргыз эпосторун музыкалаштырып, жаңы формада алып чыгуу болду. Бирок аталган долбоордун ишке ашышына Американын көркөм өнөр адистери колдоо көрсөтүп жатат:

- Вирлана Ткач Кыргызстанга келип, биздин оюндар менен таанышып, чогуу иштеше баштадык. Ал бизди Америкага да чакырып, ал жакта америкалык көрөрмандарга кыргыздын “Ак Мактым”, “Аксаткын менен Кулмурза” жана “Жаңыл мырза” кенже эпосторун тааныштырып кайттык.

Алдыда кыргыз эпосторун сахнага алып чыгууну “Сахна” тобу уланта бермекчи:

- “Эпосторго жан салуу” долбоору менен “Манас” баш болгон кыргыз эпосторун сахнага алып чыгууну уланта беребиз. Кыргызда кырктан ашык кенже эпостор бар да.

Сабит Муканов атындагы Петропавловск облустук театрында эмгектенип жаткан кыргызстандык актер жана режиссер Батырбек Шамбетов кыргыз театралдык чыгармаларын казак көрөрмандарына тааныштырууну максат кылууда:

- Өзүм иштеп жаткан театрда кыргыз композитору Насыр Давлесовдун “Аста секин колукту” чыгармасын мюзикл кылып казак көрөрмандарына казак тилинде даярдап жатам.

Кыргыз мамлекеттик Токтоболот Абдымомунов атындагы драма театры, мисалы, соңку бир жыл ичинде Кыргыз эл артисти Замир Сооронбаевдин айтымында, оңгулуктуу бир оюн койгон жок. Эл артистинин пикиринде, Кыргыз театр өнөрүнө мамлекет тарабынан кам көрүлбөсө, анын эртеңи коркунучта:

- Кыргыз театры бүгүнкү күндө чын эле коркунучта. Анын эртеңине мамлекеттик камкордук болбой калды. Таланттарыбыз чет жактарга кетүүдө. Жаштар кантип кетпей койо алат, же айлык маяна дурус болбосо, же үй-жайы болбосо...

"Азаттыктын" архивинен: "Азаттык+": Театр, театр! 1-бөлүк

"Азаттык+" жаштар берүүсүнүн кезектеги чыгарылышы кыргыз театрына арналды.

"Азаттык+": Театр, театр! 1-бөлүк
please wait

No media source currently available

0:00 0:10:00 0:00

Чечилбей келаткан чек ара маселеси

Жалал-Абаддын Чек айылында өзбек чек арачыларынан огунан жарадар болгон кыргыз жоокери сегиз күн делгенде араң Кыргызстанга кайтарылды. Соңку мезгилде өлкөнүн түштүк чек арасындагы мындай чыр-чатактуу окуялардан улам серепчилер Кыргызстан үчүн чек ара маселеси дале кооптуу бойдон калып жатканын белгилеп келишет.


Чек ара маселеси Кыргызстан эгемендикти алгандан бери талылуу маселелердин бири бойдон калууда. Айрыкча өлкөнүн түштүк аймагында бул маселе курч. Серепчилер буга соңку мезгилде чек ара бекеттеринде орун алган бир канча чыр-чатактуу окуялар далил экенин белгилеп келишет. Алар чек арага жакын жашаган аймактарда мал-жан мында турсун, адамдын өмүрү кооптуу экенин да айтып жатышат.
Делимитация боюнча мамлекеттик комиссиянын жумушу көп десек болот. Бизде алтымышка жакын чечиле элек маселелер бар.


Үстүбүздөгү жылдын 17-январында Жалал-Абаддагы Чек айылына кирип келген куралчан эки өзбек жоокери менен кыргыз чек арачылары ортосунда чыр чыгып, натыйжада өзбектер кыргызстандык чек арачынын бутуна ок атып, аны өз тарабына алып кетишкен.

Ушул убакка чейин Анжиянда ооруканада дарыланып жаткан кыргызстандык сержант Нурбек Орункулов 23-январда мекенине кайтарылып берилип, учурда ал Оштогу госпиталда дарыланууда.

Соңку мезгилде мына ушундай чырлуу окуялардын арбын кездешип жатканын белгилеген жергиликтүү серепчилер чек ара маселеси дагы да кооптуу экенин айтып, коңгуроо кагышууда.

Курч маселе, талаштуу жер


Оштогу "Тартип жана мыйзам" укук коргоо уюмунун жетекчиси Изатулло Рахматуллаев түштүк аймагында чек ара маселеси курч бойдон калып жатканын ырастап, жогорудагыдай окуялар арбын кездешерин белгиледи:

- Фергана облусу менен чектеш жерде эки кыргызстандык жаран Өзбекстандын аймагына балык уулаганы өтүп, аларды өзбек чек ара кызматкерлери кармап кеткен. Балдар тикен зымдын ары жагында унаасынын калып кеткенин айтканда, өзбек чек ара кызматкерлери ачкычын алып, машинесин да айдап кетишкен. Кийин эки баланы соттоп, административдик жаза берип чыгарыптыр. Бирок унааны өзбек тарап өздөрү алып кеткенине карабай, бербей, конфискациялап коюптур. Чек ара аянтында жашаган эки жактагы эл үчүн элдик дипломатия түзсө жакшы болот эле.

Коопсуздук боюнча серепчи Леонид Бондарец өлкөдө чек ара копсуздугу аксап атканын айтып, өзгөчө өзбек чек арачыларынын мыйзамсыз иш-аракеттерин ооздуктоо үчүн ШКУ, ЖККУ сыяктуу уюмдар аркылуу аракет жасоо зарылдыгын “Азаттыкка” белгиледи:

- Биринчиден, Шаңхай Кызматташтык уюму, Жамааттык коопсуздук келишим уюмдарында бул маселени көтөрүү зарыл. Экинчиден, эки тараптуу, үч тараптуу ар кыл келишимдердин так аткарылуусун көзөмөлдөө керек. Албетте дипломатиялык тил менен сүйлөшүү зарыл деңизчи, бирок катуурак турбасак мындай чатактар бара-бара эки эл ортосундагы ири кагылышууга алып келиши толук мүмкүн.

Сүйлөшүүлөр жүрүүдө...жүрүүдө...

Деген менен айтылган маселе бир күндө, бир эле убакытта чечиле койбосун Чек ара кызматынын жетекчисинин орун басары Чолпонбек Турусбеков “Азаттыкка” берген маегинде билгилеген. Анын айтымында, ушул багытта мамлекет бардык күч-аракетин жумшоодо:

- Делимитация боюнча мамлекеттик комиссиянын жумушу көп десек болот. Бизде алтымышка жакын чечиле элек маселелер бар. Бүгүнкү күндө 1375 чакырым Өзбекстан менен чектешкен жердин үч жүздөн ашуун чакырым жер аягына чейин бекитиле элек. Бул бүгүнкү күнү чечиле турган жумуш эмес. Мунун түп-тамырына чейин чыгыш үчүн канчалаган күч, канча деген дипломатиялык сүйлөшүүлөр керек.

Саясат таануучу Бакыт Мааткеримов чек араны бирден-бир оор жана жоопкерчиликтүү маселе катары баалап, аны көптөрү моюнга жүк катары алгысы келбей жатса керек деген ойдо. Анын айтымында, кыргыз аткаминерлери бул маселени чечүүгө белсенип, чыгынып киришпей жаткан өңдүү.
Шаңхай Кызматташтык уюму, Жамааттык коопсуздук келишим уюмдарында бул маселени көтөрүү зарыл.


- Ал жерде бир гана мамлекеттин ортосундагы талаш эмес, экинчи мамлекеттин катышындагы карым-катнаш, талаш-тартыштар пайда болушу мүмкүн. Өлкөлөр арасында, эл арасында түшүнбөстүктөр жаралышы ыктымал. Муну биздин чиновниктер толугу менен тактоого аракет кылбай жатышат. Ошондуктан да оор абал жаралууда. Ошентсе да бул маселени чечүүгө да убакыт келип жетти көрүнөт.

Бийлик өкүлдөрү чек ара оңой-олтоң чечиле койчу маселе эместигин, ага убакыт керектигин белгилеп келет. Демек жогорудагыдай окуялар эми катталбайт деп азырынча эч ким кепилдик бере албайт.

"Азаттыктын" архивинен: Чиеленген чек ара, кыйналды калк бечара

Кыргызстандын Баткен облусу менен Тажикстандын Согди облусу чектешкен бир катар айылдарда жылма (сойломо) миграциясы жүрүп келет. Аймакта жылма миграциянын эсебинен бүтүндөй айылдар кошуна мамлекетке өтүп кеткен учурлар бар.

Чиеленген чек ара, кыйналды калк бечара
please wait

No media source currently available

0:00 0:07:48 0:00

Өзбекстан жарадар кыргыз чек арачысын кайтарып берди

17-январда атышуу болгон Чек айылынын өзбек тарабы.

Жалал-Абат облусунда чек арачы Нурбек Орункуловду 17-январда кыргыз аймагына кирип келип, ок аткан өзбек жоокерлери жарадар абалында өз аймагына алып кирип кеткен эле. Жарадар чек арачы Кыргызстанга кайтарылганын облустук бийликтин коопсуздук маселелери боюнча бөлүмүнүн башчысы Кадырбек Бечелов билдирди.

- Кадырбек мырза, 17- январда өзбек жоокерлери жарадар кылып, өз аймагына алып кетишкен чек арачы Нурбек Орункулов кайтарылып алындыбы? Ал Анжиян облусундагы ооруканада дарыланып жатат дешти эле, анын ден соолугу кандай экен?

- Ооба, өзбек тарап биздин чек арачыны 23-январда беришти. Чек ара кызматынын төрагасы өзү барып алып келип, азыр Ошто дарыланып атат. Абалы жакшы, жараты бар, автоматтын огу жарып өткөн. Бул боюнча азыр сүйлөшүүлөр жүрүп бүттү. Эми азыр Өзбекстан менен Кыргызстандын ортосунда эч кандай маселе деле жок. Бул чек арада анча-мынча болуп тура турган маселелер. Мындай маселелер бардык эле жерлерде бар, чуу көтөрүп, орчундуу маселеге айландыруунун кажети жок.

- Кыргыз чек арачысын кайтарып берген Өзбекстан жарадар жигитке эч кандай шарт койгон жокпу? Анткени, 21-январда коңшу мамлекеттин Наманган облустук сыналгысы “кыргыз жоокерлери өзбек чек арачыларын кармоого аракет кылганда ок атылган, ошондуктан кылмыш иши козголушу мүмкүн” дегендей маалымат таркаткан эле?

- Өзбекстан жалган айтат. Мен аны уккан эмесмин, андай берүүнү да көргөн жокмун. Чек араны бузуу деген сөз жок. Өзбекстан тарап тиги бала жараат алгандан кийин Анжиянга дарылоого алып барышкан. Дарыланып жатып, азыр Ошто дарыланып атат.

- Базар-Коргон районунан Хасиятхан ажы аттуу аял Өзбекстандын Анжиян облусундагы кабыл алуучу-бөлүштүрүүчү жайда кыргызстандык 74 адам кармалып турганын билдирген. Ушул маалымат ырасталдыбы жана аларды бошотуп алуу боюнча кандай иш-аракеттер көрүлүүдө?

- Андай маалымат бизде жок. Эгер Анжиянда 74 адам кармала турган болсо, аларды мыйзам боюнча депортация жасайт. Эч кандай кармап алып, ал жерде бир нерсе кылып жибере турган мыйзам жок. Биз деле өзбек атуулдарын кармасак, аларды камап жата бербейиз да. Аны караш керек, багыш керек, медициналык жардам керек, өзбектер деле аны карап отурбайт, мыйзам боюнча депортация жасалат 24 сааттын ичинде. Андай маалымат жок. Эгер болсо бизге жетмек.

- Бизге жеткен маалыматтар боюнча, облустун Көк-Жаңгак шаарынан 10-15 чакты адам ал жердеги 200дөй күрт улутундагы кишилердин көчүп кетүүсүн талап кылууда. Алардын мындай талабына күрт кишисинин өткөн жумада 8 жашар кызды зордуктаганы себеп болгон. Бул окуя улуттар аралык жаңжалдын чыгышына таасир этүүсү мүмкүнбү?

- Бул маселе таасир этпейт. Бул өтө жаман окуя болду, кудайым өзү сактасын. Азыр көкжаңгактык туугандар менен жакшылап сүйлөшкөнбүз, алар билишет, эстүү, шаардык элдер, алардын маданияты жогору. Кылмышкер өтө оор жаза ала тургандыгын билебиз биз. Бул боюнча коомчулуктун суранычы катуу болуп атат. биз буларды тийиштүү органдарга бергенбиз. Улут аралык маселеге мунун тиешеси жок, күрт, кыргыз деп улутка баа берүүнүн кажети жок. Ал жерде 30 чакты күрт үй-бүлө бар, алар өзүлөрү айтып атышат буга окшогон акмакты жазалаш керек деп. Биз Көк-Жаңгак шаарынын мэрине тапшырма бердик, коомдук абалды көзөмөлгө алып туруу максатында.

- Маегиңизге рахмат.

P.S. Өзбек чек арачысынын огунан жараат алып, 8 күндөй Өзбекстанда жатып Кыргызстанга кайтарылган жоокер Нурбек Орункулов азыр Ош облустук ооруканасында дарыланууда. Бирок ага журналисттерди киргизбей жатышат.

Чындыктан көз ачышат

Умида Ахмедова, Өзбекстанда алгачкы аял-фотосүрөтчү, оператор-документалист.

Өзбекстанда алгачкы аял-фотосүрөтчү, оператор-документалист Умида Ахмедованын үстүнөн ачылган кылмыш иши боюнча тергөө ушул аптада аяктады. Эми иш сотко өткөрүлүп берилиши күтүлүүдө.

Ахмедованы 2007-жылы жарыялаган сүрөттөрүндө “өзбек элине акаарат келтирген” деп айыптап жатышат. “Азаттыктын” кабарчысы Төрөкул Дооров Ахмедованы кепке тартты.

Төрөкул Дооров: Эмне үчүн Өзбекстанда сизди айыптап жатышат?

Ахмедованын айыпталып жаткан альбомунда СССРдин эл артисти, "Кыргыз эл баатыры" Сабира Күмүшалиеванын да сүрөтү бар
Коркунуч бар. Мунсуз болот беле...?
Умида Ахмедова:
Мен өзүмө каршы эмне үчүн кылмыш иши ачылганы тууралуу 3-4 версияны ойлонуп турам. Бирок азырынча алдын ала болжогум келбейт. Расмий түрдө алар мени 2006-жылы чыккан тасмаларым жана 2007-жылы жарыяланган сүрөт-китебим үчүн айыпташууда. Аларды мен Швейцариянын элчилигиндеги Гендердик өнүгүү программасынын алкагында жасаган элем. Башка авторлордун да эмгектери бар болчу. Мен “Эркектер менен аялдар салт-санааларда” деген тасма тартып, анда кыздык темасын көтөргөм. Ал 2006-жылы көрсөтүлдү. Андан сырткары, 2007-жылы “Аялдар жана эркектер: Таңдан кечке” деген сүрөт-китебим басылган. Андан бери 3-4 жыл өтүп кетти. Ал эле эмес, китептеги сүрөттөр бир топ көргөзмөлөрдө коюлган, журналдарда басылган, маданият министрлигине, президенттин аппаратына, дагы көп жерлерге тартуу кылынган. Аны канча жолу теледен да көрсөтүшкөн. Көптөр аны билет. Анан эмнеге азыр ал боюнча иш козголгонун такыр түшүнбөдүм. Бул ойго келбеген нерсе болду. Балким, булар ал китепти билишпейби, айтор, эмне дешимди да билбей калдым.

Төрөкул Дооров: Умида, сизге каршы кылмыш иши былтыр Өзбекстан парламенттик шайлоого даярданып жатканда, декабрда, козголду. Муну “шайлоо алдынан эле укук коргоочуларды, журналисттерди коркутууга болгон аракет” деп сыпаттагандар да болду. Эми шайлоо өткөндөн кийин, иш кайра токтотулушу мүмкүн деген ой жокпу?

Умида Ахмедованын "Аялдар жана эркектер: Таңдан кечке” сүрөт-китебинен
Умида Ахмедова:
Билесиңби, Төрөкул, мен муну шайлоо менен эч байланыштырбайт элем. Шайлоо өзүнүн нугунда эле өтө берет. Азыркы окуялардын баары “бөрк ал десе, баш алгандай” эле, болуп жатканы көрүнөт. Өкмөттүн токтому бар болчу. Ага ылайык, өлкөдө гендер маселеси боюнча эмне жарыяланбасын, анын баары мамлекеттик органдан уруксат алышы керек дешкен. Балким, ошонун алкагында сегиз эмгекти алып, азыр териштирип жатышса керек. Ошонун ичинде менин эки фильмим жана альбомум түшүп калыптыр. Ал боюнча түзүлгөн экспертиза “тасмада кооптоно турган эч нерсе жок” деген бүтүм чыгарган. Андай болсо мени азыр сүрөттөрүм үчүн айыптап жатышат экен да деп ойлоп жаткам. Бирок бул сүрөттөрдө эч кандай каралоо жок. Бул – карапайым элдин турмушун көрсөткөн көркөм эмгек. Аларда карапайым калктын кадимки турмушу сүрөттөлгөн.

Төрөкул Дооров: Андай болсо өзбек бийликтери эмне үчүн сизди сүрөттөрүңүз үчүн айыптап жатат?

Умида Ахмедованын "Аялдар жана эркектер: Таңдан кечке” сүрөт-китебинен
Умида Ахмедова:
Ошого мен да таң калып турам. Мен өз өлкөмдө дурус эле таанымал адамдардын катарындамын. Көптөгөн абройлуу журналдарда, сыналгыда жана башка маалымат каражаттарында чыгып жүрдүм. Эч качан оппозицияда болгон эмесмин. Дегеле, саясаттан алыс кишимин. Мен дайыма мекеним үчүн иштеп келгем. Ошондуктан бул окуя мен үчүн үстүмө муздак суу чачкандай эле такыр күтүлбөгөн окуя болду.

Төрөкул Дооров: Азыр дүйнөдөгү фото-сүрөтчүлөрдүн уюмдары сизди колдогон билдирүүлөрдү айтып жатышат. Сиз өзүңүз дүйнөдөгү кесиптештериңиздин колдоосун сезип жатасызбы?

Умида Ахмедова: Кесиптештеримдин колдоосун сезүү деген эң эле кемитип айтканы болсо керек. Мен эң оболу адам катары, чыгармачыл адам катары аябай чоң колдоону алып жатам. Муну сөз менен кантип айтууну да билбей турам. Бул - өтө олуттуу күч. Мен үчүн бул аябагандай чоң мааниге ээ.

Төрөкул Дооров: Сиз азыр өлкөдөн чыга албайсызбы?

Умида Ахмедова: Биринчиден, мен өлкөдөн кетпейм деп, кол коюп бердим. Анын үстүнө, каякка бармак элем? Эмне үчүн? Менин оюмда да жок.

Төрөкул Дооров: Коркпойсузбу?

Умида Ахмедова: Албетте, коркунуч бар... Мунсуз болот беле...?

P.S.: Умида Ахмедова ар бир чыгармачыл адам дээринде айтайын дегени, сөзү болсо, ал үчүн кошо берилчү сыноону да көтөрө билиши керек деп эсептей турганын айтты. Азыркы окуялардын баарын ал өзүнө жиберилген сыноо деп билет.

Медресе – жан дүйнө боштугун толуктообу?

Соңку учурларда Кыргызстанда көпчүлүк ата-энелер баласын окутуу үчүн мектепти эмес, медреселерди тандоодо. Ушундай оюн билдиришкен диний адистер мындай көрүнүшкө мамлекет көзөмөл жүргүзбөсө, алдыда сабатсыз муун көбөйөт деп коңгуроо кагышууда.

Алардын пикиринде, өлкөдөгү медреселердин көбү куран жана хадистерди окутканы гана болбосо, эч бир талапка жооп бербейт. Мындай пикир ээлери менен Кыргызстандын мусулмандар башкармалыгы макул эмес.

Кыргызстан көз карандысыздыкты алгандан кийинки өлкөдөгү башкы өзгөрүүлөрдүн бири дин жагынан байкалды көрүнөт. Анткени өлкөдө мечиттер жаандан кийин көбөйгөн козу карындай эле мурда-кийин болуп көрбөгөн медреселер салынды.

Акыркы 4-5 жыл аралыгында көпчүлүк ата-энелер балдарынын билим алуусу үчүн дал ошол медреселерди тандап ала баштады. Алар айрыкча өспүрүм балдардын тартиптүү, ыймандуу, ийкемдүү тарбияланышына дал ушул медреселер жакшы деп ынанышат.

Ошентип ушул тапта Кыргызстандагы медреселердин саны алтымышка жакындап, сегиз Ислам институту, бир Ислам университети ачылды. Адистер беш млн. калкы бар Кыргызстан үчүн бул сандар өтө эле көптүк кыларын белгилеп келишет. Мисалы, 20 млн. калкы бар ошол эле Өзбекстанда ушул тапта болгону сегиз медресе, бир Ислам институту бар экен.
Медреседе,
мектептегидей тоноо жана рэкет деген түшүнүк жок. Ал тарбия башка.


Бирок адистер өлкөдө орун алган медреселердин талапка жооп бербей турганын айтып, ушул багытта системаны оңдоо зарылдыгын белгилеп келишет. Мамлекеттик дин комиссиясынын жетекчиси Каныбек Осмоналиевдин пикиринде, бул келечекте сабатсыз жаштардын, сабатсыз муундун жаралышына алып келиши ыктымал.

- Билим берүү мыйзамы боюнча, бизде тогуз жылдык окуу милдеттүү болгону менен, кээ бир ата-энелер балдарын мектептен алып медреселерге берип, алардын келечегине чоң бир проблема түзүлүп жатат. Көп эле медреселерде куран жаттатып, бир-эки хадис үйрөткөнү болбосо эч бир билим беришпейт. Экинчиден, бир медресенин иш планы экинчисиникине төп келбейт. Бири Пакистандын таасиринде, башкасы Түркия, арабдардын таасиринде болуп калган. Бул Мусулмандар башкармалыгынын, муфтийдин алдында маселени ачык эле айтып, көтөрүп келебиз.

Диндин чыныгы баалуулуктары

Кыргызстанда баш-аягы биригип миңдин тегерегинде балдар медреселерде билим алышат. Чет жактарга билим алуу үчүн кеткендер да бар. Өткөн жылы отуздай бала дин жагынан билимин өркүндөтүү максатында чет жактарга медреселерге окууга кетишкен. Алардын көбү Араб Эмиратына, Египетке, Иорданияга жана Түркияга кеткендер. Арасында Пакистанга кеткендер да бар.

- Тилекке каршы, Пакистанга, Лахор, Райвант шаарларына дааватчылык курска барып жүргөндөр да бар. Бул да муфтияттын жана өкмөттүн көзөмөлүнөн чыгып кеткен да. Ал жакка турист катары барып эле, ошол жерде окуп, ар кандай көз караштар менен келип жатышат, - дейт К.Осмоналиев.

Коомчулук арасында башка бир уюмдун кызыкчылыгына динди пайдаланышы мүмкүн деген кооптонуулар да жок эмес. Мына ушундай таасирлерге берилип кетпеш үчүн адам баласы диндин чыныгы баалуулуктарын билип чоңоюш керек дешет адистер.

“Мына ошол себептүү ушул тапта жалпы билим берүү мектептерине дүйнөлүк диндердин тарыхын киргизүүгө аракет жасалууда”, - дейт К.Осмоналиев. Анын айтымында, Казакстан, Өзбекстан жана Тажикстан өлкөлөрү мектеп программасына мындай сабакты эбак эле киргизген.

Ал эми өлкөнүн мусулмандар башкармалыгы алтымыш медресе Кыргызстан үчүн көптүк кылбайт жана кооптуу эмес деген ойдо. Башкармалыктын өкүлү Кубат Имаровдун билдиргенине караганда, чет жакка окуп кеткендердин саны да өткөн жылдарга салыштырмалуу өскөн.

- Жок, Кыргызстан үчүн алтымышка жакын медресенин болушу көп деле эмес. Алардын онго жакыны ар кандай себептер менен иштебей турат. Бирок акыркы кездерде балдарын медресеге берген ата-энелердин көбөйгөнү байкалып жатат.

Мектепте – рэкет, медреседе - ?

Ал эми 18 жаштагы Аскат Бишкек шаарынын медреселеринин биринен билим алат. Ал медресеге тогузунчу классты бүткөн кезинде ата-энесинин түрткүсү менен келген. Аскат окуган медреседе өзү курактуу дагы бир топ бала бар. Алардын бардыгы ушул медреседе жашап, ушул жерде окушат. Ал бул жакта куран окууну үйрөнүүдөн башка, бири-бирине болгон мамиле да жакшырарын белгилейт.
Тилекке каршы, Пакистанга, Лахор, Райвант шаарларына даватчылык курска барып жүргөндөр да бар.


- Бардык эле ата-эне өзүнүн баласын дин жактан сабаттуу болсун, куран жаттап, адал менен арамды ажырата билсин деген тилек менен медресеге берет. Мени деле тогузунчу классты бүткөндө ата-энем алып келген. Өзүм деле кызыгып, аракет кылгам. Мунун эч кандай зыяны жок.

Аскат медреседен сырткары Ислам институтунда да билим алат. Ал чет өлкөгө дааватка чыгууга же башка өлкөгө медресеге окууга ниети жок. Бирок ал медреселерге кошумча башка сабактарды киргизүүнүн кажети жок деп ойлойт. Ал кошумча сабактарды тогузунчу класска чейин мектепте окуу жетиштүү деген пикирде.

Ал эми дин боюнча жергиликтүү серепчилер жаштардын динге тартылып, медреселерге окуусу бир гана Кыргызстанда эмес, жалпы постсоветтик өлкөлөрдө байкалып жаткандыгын айтышууда. Мындай изилдөөнү “Дин, укук жана саясат” аналитикалык изилдөө борбору жасаган.

Борбордун жетекчиси Кадыр Маликов исламды туура жолго буруп, бул процессти мамлекет жөнгө салуу керек деген ойдо. Ал медресеге барган жаштардын көбөйүүсүнө бир канча факторлор тиешелүү экенин белгилейт.

- Медреседе, биринчиден, мектептегидей тоноо жана рэкет деген түшүнүк жок. Ал тарбия башка. Экинчиден, айыл жеринде, же шаарда болобу балдар ата-энесине, туугандарына жардам берүү максатында мектепке барбай базарларда же дагы башка иш кылат. Алар мектепке бара албай, жок дегенде медреселерден билим алууну көздөйт. Үчүнчүдөн, жаштардын көбү жан дүйнө боштугун толтуруу үчүн динди тандап алып жатышат. Ошондуктан мамлекет медреселерди жабууга шашпай, анын талапка ылайыктап түзүлүшүнө жардам бериши керек. Бул жакка мектептердеги сабактарды да киргизүү зарыл.

Пакистанда медреселерде миңдеген окуучулар анын жер төлөлөрүндө жашап, билим алышат экен. Алар медресе эмне тамак берсе, ошону жешет.
Көп эле медреселерде куран жаттатып, бир-эки хадис үйрөткөнү болбосо эч бир билим беришпейт.


Тажикстандын Пакистандагы элчиси Зубайдулло Зубаидовдун маалымат булактарына билдиргенине караганда, алар медреседен ак кездемеден кийим анан бир канча самын алышат. “Мына ушундай шартта дин боюнча кандай илим алат”, - деген З.Зубаидов.

Ал эми жергиликтүү адистер кыргыз бийлиги медреселерди модернизациялап, башка сабактарды киргизсе анда жакшы натыйжа алат деген пикирде. Эгер булар ишке ашса мамлекеттин, үй-бүлөнүн бекем болушуна алып келет дешет алар.

"Азаттыктын" архивинен: "Азаттык плюста" дин маселеси талкууланды

"Азаттык плюстун" 28-сентябрда обого чыккан кезектеги берүүсүндө дин темасы талкууланды. Жаштар арасында өз динин алмаштыргандар көп болуп жаткандыгы, Дин агенттиги эмдиги окуу жылынан тарта мектептерде “Дин тануу” сабагын киргизип жаткандыгы айтылды.

"Азаттык плюста" дин маселеси талкууланды
please wait

No media source currently available

0:00 0:09:45 0:00

М. Намазалиев: Кыргызстанда блогдор деңгээли көтөрүлө албай жатат

АКШнын мамлекеттик катчысы Хилари Клинтон дүйнөдөгү Интернеттин абалы, андагы коопсуздук маселелери тууралуу жаңы эле сөз сүйлөдү. Буга байланыштуу кыргызстандык жаш активист, блогчу Мирсулжан Намазалиев “Азаттыкка” өз ойлору менен бөлүштү.

Мирсулжан Намазалиев: - Азыркы учурда Интернеттин ролу жана орду өнүккөн өлкөлөрдө гана эмес, жакырыраак деп эсептелген Кыргызстан да абдан зор болуп, күндөн күнгө өсүп жатат.

Элеонора Бейшенбек кызы: - Блог тууралуу сүйлөшсөк. Блогдор азыр салттуу массалык маалымат каражаттары менен бирге эле маалымат таратуунун бир булагына айланды. Мирсулжан айтсаңыз, Кыргызстанда мына ушул булак натыйжалуу пайдаланып жатабы? Кыргызстанда блогчулардын саны көбөйдүбү?

Мирсулжан Намазалиев: - Блогдордун келечеги, андан ары өсүшү абдан чоң мааниге ээ. Эгерде Кыргызстандын өзүн карай турган болсок анда бул абал кичине оорураак болуп турат. Себеби ошол эле Казакстан же Орусиядагы блогдордун мазмунун карасак, аларга салыштырмалуу биздики бир аз аксап турат. Мисалы ошол эле Орусияда көпчүлүк блогдор саясий, экономикалык же дагы башка тематикалык багытта болуп жатат. Ал эми бизде болсо көбүнесе жеке блогдор бар. Алардын ичинен, “Мен бүгүн бул жакка барып келдим, андай-мындай кылдым”, деген гана маалыматтар болбосо, андан ашыгыраак деңгээлге көтөрүлбөй жатат. Ал эми кандайдыр бир маалымат ала турган, окуй турган элүүгө жакын гана блог бар.

Эдил Сапарбек: - Мына Хилари Клинтон өз сөзүндө Ирандагы президенттик шайлоодон кийин болуп өткөн окуяларда микроблогдор, фейсбук, твиттер сыяктуу социалдык тармактардын ролун баса белгилеп өттү. Мына ушундай социалдык тармактарды Кыргызстанда айталы Ирандагыдай деңгээлде колдонула башташы мүмкүнбү?

Мирсулжан Намазалиев: - Албетте мүмкүн. Иранда гана эмес көптөгөн мурдагы Советтер Союзуна кирген өлкөлөрдө да азыр блог менен микроблог твиттер дегендер өнүгүп жатат. Мисалы менин эле уюмумду ала турган болсок, фейсбукта беш жүздөн ашык адам бизден жаңылыктарды окуп турушат. Демек бул Кыргызстанда дагы чоң, көлөмдүү болбосо дагы кичинекей кадамдар менен Интернеттеги жаңы технологияларды өнүктүрө алса болот дегенди түшүндүрөт.

Элеонора Бейшенбек кызы: - Мына азыр эле АКШнын мамлекеттик катчысы Хилари Клинтон Интернет тууралуу атайын сөз сүйлөдү. Дүйнөлүк деңгээлде Интернет, андагы коопсуздук, келечеги тууралуу сөз кылуу эмнеден кабар берет?

Мирсулжан Намазалиев: - Алыс барбай эле Американы алып көрсөк, бул мамлекеттеги акыркы шайлоодо Интернеттин таасири чоң болду. Президент Барак Обаманын азыркы Интернет технологияны көбүрөөк колдонушу анын шайлоодо жеңишине алып келди, деп көп адамдар ишенишет. Ошол эле кечээки Массачусетстеги шайлоолордо Скот Браундун веб сайтын карай турган болсок жалаң фейсбук твиттер, видео билдирүүлөргө жык толгон. Ал жөнөкөй гана маалыматтар менен токтолуп калган эмес. Ошондуктан өзгөчө Америкада блогдордун мааниси зор экенин көрүгө болот. Ошондой эле Ирандагы, Белорусстагы же Кытайдагы окуяларда блог аркылуу ал өлкөлөрдөгү маалыматты тышкы мамлекеттерде жашаган адамдарга жеткирүү аракеттеринин маанилүүлүгү Клинтондун бүгүнкү сүйлөгөн сөзүнө алып келди деп ойлойм.

Ынтымак курултайы түркмөндөрдүкүнө окшобойбу?

Президент Курманбек Бакиев 21-январь күнү жалпы элге кайрылуу менен чыкты. Ынтымак курултайынын чакырылышына байланышкан кайрылууда, курултайдын максаттары тууралуу айтылды. Талдоочулар аталган курултай тууралуу түрдүүчө пикирлерди айтышат.

Ынтымак курултайы март айында, Нооруз майрамы менен катарлаш өткөрүлөрүн, ага өлкөдөгү баардык жамааттардын өкүлдөрү, абройлуу инсандар топтолорун айткан президент К.Бакиев, аталган жалпы улуттук акыл кеңеши болчу жыйынга баш-аягы 750 делегат кирерин айтты.

Ынтымак курултайына 441 айыл округунан жана 18 шаардан бирден делегат, райондук жана облустук маанидеги 23 шаардын ар биринен үчтөн делегат, Бишкек шаарынан он жана Ош шаарынан жети делегат жергиликтүү курултайлар аркылуу шайланып келишмекчи.
Бизге демократия түспөлүндөгү декоративдик орган керек эмес. Бизге жагдайды калыс талдоо жана ар түркүн социалдык, этникалык топтордун ачык-айкын баарлашуусу керек.
К.Бакиев

Андан тышкары Ынтымак курултайына чет жактагы эмгек мигранттарынан 35 делегат, диний конфессиялардан 20 делегат шайланып келмекчи. Ал эми курултайдын 150 делегаты президенттин квотасы аркылуу маданий, коомдук жана илимий ишмерлерден, бизнесмендерден турмакчы.

Ынтымак курултайы тууралуу айтып жатып президент К.Бакиев буларга токтолду:

- Көчүрүп алгыдай даяр чечимдер эч жерде жок. Ошондуктан, элибиздин акыл-ою менен тажрыйбасына гана таянуу керек. Бизге демократия түспөлүндөгү декоративдик орган керек эмес. Бизге жагдайды калыс талдоо жана ар түркүн социалдык, этникалык топтордун ачык-айкын баарлашуусу керек.

Т.Акеров: Кийинки президенттик шайлоого даярдык

Саясий серепчи Табылды Акеровдун пикиринде, аталган курултайдын түптөлүшү кийинки президенттик мөөнөткө кам көрүүдөн кабар берип турат. Аталган курултай аркылуу жер-жерлердеги уруулардын лидерлерин, таасирлүү адамдарды, акчалуу бизнесмендерди колго алуу максаты жаткандай. Адистин пикиринде, ал гана эмес Ынтымак курултайы убагында Түркмөнстанда түзүлгөн Халк Маслахатындай (Элдик кеңеш) эле роль ойноп калуусу да мүмкүн:

Табылды Акеров
- Карап көргүлө. Буга чейин эмнелер болду? Экономикалык тармактын бардыгы бир түзүмгө, Өнүктүрүү агенттигине баш ийип калды. Банк системасында “АзияУниверсалБанк” негизги ролду ойноп калды. Мына эми Ынтымак курултайы 23-мартта чакырылган турат. Муну кандайдыр бир деңгээлде саясий жактан коомду бир колго алуу аракети десек болот.

Мындайча айтканда, буга чейин болуп көрбөгөндөй коомдук түзүлүштүн түспөлүшү пайда болууда. Ушундай түзүм буга чейин Түркмөнстанда курулган.


Андан тышкары Т.Акеровдун божомолунда, парламенттин бир катар ыйгарым укуктары Ынтымак курултайына берилиши мүмкүн. Кайрылуусунда деле президент ошого кыйытып жаткандай.

Курултайдын мүчөлөрү - айтканды эки кылбаган адамдардан куралары турган иш экендигин айткан Т.Акеров, жаңы президенттик мөөнөт К.Бакиевдин өзүндө же үй-бүлө мүчөлөрүнүн биринде сакталып калгандан кийин Ынтымак курултайы таркатыларын болжойт.

Ж.Жоробеков: Түпкүлүгүбүзгө кайрылуу, ал жактан жакшы нерселерди алуу...

Ал эми саясий илимдердин доктору, профессор Жолборс Жоробековдун пикиринде, 20 жылга жакын убактан берки жүргүзүлгөн саясат, батыштын өнүгүү моделдерин алуу анчалык натыйжалуу болбостугун көрсөттү. Ошентип ушул мөөнөт кыргыз элинин илгерки тарыхына, түпкүлүгүнө кайрылууга, ал жактан жакшы нерселерди алууга үйрөтүүдө:

- Башкаруу системабыз, ишигылса бардыгы батыштын формасында келатпайбы. Ошондуктан, менин оюмча ушул жыйырма жылдык кичинекей тарыхыбыз - мурдагы тарыхыбызга кайрылып, мурдагы тарыхтагы жакшынакай нерселерди алымча-кошумчасы менен алуу керек деген максат менен, президент ушул Ынтымак курултайын түзүп атат деп ойлойм.

Эми демократия деле ар түрдүү да. Айталы, Малайзия, Индонезия, Сингапур деле өздөрүн демократиялуу мамлекетпиз дешет. Ошол эле учурда батыш өлкөлөрү ошондой дешет.

Мурдагы тарыхтагы жакшынакай нерселерди алымча-кошумчасы менен алуу керек деген максат менен, президент ушул Ынтымак курултайын түзүп атат деп ойлойм.
Ж.Жоробеков

Президент өз кайрылуусунда айткандай, Ынтымак курултайы мамлекеттик маанидеги чечимдерди кабыл алууда, тагдыр чечер маселелерди кароодо чогула турчу жалпы улуттук акыл кеңеши болмокчу.

Талдоочулар аталган курултай, убагында түркмөнбашы Сапармурат Ниязов түзгөн Халк Маслахатына окшоп турганын белгилешүүдө.

Айта кетсек, Түрмөнстандын Халк Маслахаты 1992-жылы ошондогу түркмөн президенти Сапармурат Ниязовдун демилгеси менен түзүлүп, элдик бийликтин жогорку органы катары конституциялык орган болуп калган. Халк Маслахатынын жыйындарында кабыл алынган чечимдер түркмөн парламенти менен өкмөтүнүн иштеринин негизин түзүп турган.

Халк Маслахаты С.Ниязовго “түркмөнбашы” деген ат берип, 1999-жылы аны өмүрү өткөнчө президент болуп калары тууралуу чечим кабыл алган. 2006-жылдын 21-декабрында түркмөнбашы жүрөгү кармап каза таап, анын ордуна президент болгон Гурбангулы Бердымухаммедов 2008-жылы Халк Маслахатын жоюп, мажилистин ыйгарым укуктарын кайтарган.

БУУ: өнүгүп келаткан дүйнөдөгү билим берүүнү колдоо керек

Ооганстанда аялдардын дээрлик 90 % сабатсыз же араң башталгыч кат сабаты жоюлган.

Дүйнөлүк каржы каатчылыгы өнүгүп келаткан мамлекеттердеги миллиондогон балдардын билим алуусуна чоң залакасын тийгизип, алды менен андай өлкөлөрдүн экономикалык кубатын азайтып, жакырчылыктын көбөйүшүнө, калктын саламаттыгынын начарлашына кедергесин тийгизүүдө.

19-январда жарык көргөн ЮНЕСКОнун (UNESCO - Улуттар Уюмунун билим берүү, илим жана маданият уюму) баяндамасында 2010-жыл “көңүл борборунан чыгып калгандарга кол сунууга” арналаары белгиленет. Баяндамада негизги көңүл Ооганстан, Пакистанга бурулганы менен чет элдик жардамды жалпы эле өнүгүп келаткан дүйнөдөгү билим берүүгө тартуу сунушталат.

"Ал жердеги абал өтө коогалаңдуу. Жакында эле мен эсептөөлөрдү алдым. Ооганстанда аялдардын дээрлик 90 % сабатсыз же араң башталгыч кат сабаты жоюлган десек болот”, - деп Ооганстанда билим берүү тармагынын колго алынбаганы тууралуу ЮНЕСКОнун баш катчысы Ирина Бокова билдирди.

19-январда Нью-Йорктогу Улуттар Уюмунун баш кеңсесинде сүйлөгөн сөзүндө Ирина Бокова – жаңы жарык көргөн Глобалдык иликтөө баяндамасынын жыйынтыгы көрсөткөндөй, эми башта көңүл борборунан чыгып калгандарга кол сунууга мезгил жеткендигин билдирди.

Ал Ооганстан менен Пакистандагы абал тереңирээк көңүл бурууга мажбурлаарын баса белгиледи. Бул эки өлкөдө тең эркектерге салыштырмалуу кат-сабаты жоюлбаган аялдар эки эсе көп, башкача айтканда болжол менен аймактагы аялдардын 63 % билим алуудан четте калган. Ошондой эле баяндама көрсөткөндөй, Ооганстан менен Пакистанда балдарды мектепке тартуу жаатында эл аралык колдоо начар.

Соңку иликтөөлөрдө Пакистандын айыл кыштактарында үчүнчү класстын окуучуларынын үчтөн экиси гана бир орундуу сандарды кошуп-алуу амалын аткара алса, алардын бир аз гана бөлүгү жөнөкөй сандарды көбөйтүп-бөлгөндү билишет. ЮНЕСКОнун аныктамасында, мындай негизги эсепти өздөштүрүү кимдин да болбосун күндөлүк жашоосунда керек боло турган башталгыч билим экени айтылат.

Ооганстанда болсо ЮНЕСКО тарабынан жогорку билим берүүнү колдоо масатында беш жылдык мөөнөттөгү 15 миллион АКШ доллары өлчөмүндө каржылык долбоор ишке киргизилүүдө. Ушуга окшош дагы бир долбоор Пакистанда да жүзөгө ашырылат.
Бул эки өлкөдө негизги артыкчылык адамдарды кыска мөөнөттүк кесиптик кайра даярдоого багытталат:

“Кыска мөөнөттүк жана техникалык кайра даярдоо курстарын уюштуруу - кайсы бир өлкөлөр үчүн бул жакырчылыктан жана кризистен чыгуунун ыңгайлуу жолу. Бул жаштар үчүн зарыл болгон кесиптик даярдыктан өтүү менен өз өлкөсүнүн экономикалык жашоосуна камыр-жумур болуп кетишине түрткү берет”, - дейт ЮНЕСКОнун баш катчысы Ирина Бокова.

Чыгыш Европада улуттук азчылыктардын билим алууга жетишүүсү дагы деле болсо бир топ маселелерди жаратууда. Маселен, Венгрияда, Словакияда лөлүлөр улуттук билим берүү программасынан четте калган. Кайсы бир денгээлде лөлүлөргө карата мындай мамиле Болгария, Румыния жана Чех Республикасында да катталган.

Баяндамада камтылган иликтөө улуттук статисткалык маалыматтарга таянса, ошол эле учурда көз карандысыз иликтөө башка көрсөткүч берет. Ирина Бокова чын-чынына келгенде абал башкача экенин, айрым мектептерде балдардын саны 30 пайызга чейин көбөйтүлүп көрсөтүлүп койгонун кошумчалайт:

- XXI кылымда 800 миллион киши сабатсыз, анын үчтөн экиси аялдар жана балдар деп айтсак ким ишенет. Бул эң коопту коңгуроо жана биз бул маселе менен алектенүүбүз керек.

ЮНЕСКОнун баяндамасында мугалимдерди даярдоо негизги стратегиялык максат экени айтылат. Үчүнчү өлкөлөрдө мугалимдерге төлөнгөн жарыбаган маяна – билим берүүнүн сапатына терс таасирин тийгизүүдө. Борбор Азия мамлекеттеринде мугалимдик кесипти аркалагандар эң аз айлык гана албастан, алардын социалдык статусу дагы төмөн. ЮНЕСКО мугалимдерди колдоонун глобалдык демилгесин көтөрүп, анда улуттук өкмөттөрдү билим берүү тармагында эмгектенгендерди даярдоого жана колдоого чакырат.

Расмий маалымат боюнча Кыргызстанда бир миллиондой мектеп жашындагы балдар бар. Жылына жүз миңге чукул бүтүрүүчү мектепти аяктаса, ошончо бала билим босогосун аттайт. БУУнун Балдарды коргоо кору Кыргызстандын Билим берүү министрлигинин колдоосу менен жүргүзгөн иликтөөдө өлкө боюнча элүү миңге чукул бала мектепке барбаганы ачыкталды.

Бул тууралуу ЮНИСЕФтин Кыргызстандагы өкүлү Тим Шаффтер “Азаттыкка” мындай деп билдирген:

- Биздин изилдөөдө жалпы балдардын 5.2% мектептен сыртта калганы аныкталды. Кыргызстанда болжол менен бир миллион бала мектеп жашында болсо, анын ичинен 5.2% мектепке тартылбаса, демек өлкө боюнча 50 миңге чукул бала мектептен сыртта калган. Мындай көрсөткүч ЮНИСЕФти жана Билим берүү министрлигин бирдей тынчсыздандырат.

Барак Обама: Үмүттүн жаңы 365 күнү

Президент Барак Обама: Ойдун жүгү астында. Прага ш. 2009-жылдын 5-апрели.

Былтыр 20-январда “Азаттык” үналгысы Евразия өлкөлөрүндөгү саясатчылардан АКШнын 44-президенти Барак Обамадан эмне үмүттөрү бар экенин сураган эле. Бир жылда Барак Обама эмнелерге жетишти? Кандай үмүттөр акталып же акталбады? Бул жөнүндө былтыр пикирин айткан серепчилердин азыркы пикири кандай?



Кабыл университетинин профессору Уадир Сафи былтыр 20-январда: “Ооган эли АКШнын жаңы жетекчилигинен эмнелерди күтөт?” деген суроого мындай деген болчу:

- Арийне, Кошмо Штаттар сыяктуу мамлекет, өзгөчө Буштун администрациясы жана анын ынтымакташтары террорчулукка каршы согушта көздөгөн максатына жеткен жок. Бул деген, Ооган эли Обама мырза жана Американын жаңы жетекчилери аскерий, экономикалык, саясый багыттарда, ошондой эле Ооган өкмөтүндө чоң өзгөрүүлөрдү алып келет деп үмүттөнөт. Региондо тынчтык орнотулмайын, олуттуу өзгөрүүлөр болбойт.

Туура бир жылдан соң:

- Обама Ооган проблемасын жөндөөнүн стратегиясын өзгөрттү. Ал бирок аткарылбады. Ал ийгиликке жетет. Бул Америка менен биздин регион ортосундагы мамилени жаңы нукка салат”, - дейт профессор Сафи.

Барак Обаманын тарапкерлери Барак Обамага ишеничин билдиришүүдө. Техас. Даллас. 20-январь 2008
Азербайжандык саясый талдоочу Илкар Маммадов Барак Обаманын кеңсеси Түштүк Кавказдагы демократияга көп көңүл бурат деп ишенген. Өткөн бир жыл Маммадов болжогондой болбоду.

- АКШнын биздин регионго болгон саясаты өзгөргөнүн ырастаган ачык айкын белгилер жок. Азербайжан-Армения чатагы АКШнын Түркия-Армения алакасына байланыштуу жүргүзгөн саясатынын көлөкөсүндө калды. Обаманын өкмөтү Түштүк Кавказдагы демократиялык институттарды бекемдөө жана АКШнын региондогу ролун чыңдоо боюнча эч нерсе сунуш кыла албады”.

Маммадов ошол эле учурда Борбор Азияда Орусия менен Кытайдын таасири өсүп баратканына көңүл бурат.

Армениянын Дашнак партиясынын лидери Грант Маркарян болсо Обама Армения-Түркия мамилесин оңдоого көп көңүл буруп, америкалык армяндарга убада кылгандай, Осмон түрктөрүнүн I Дүйнөлүк согуш жылдары армяндарды кырганын тааныбаганына нааразы.
Индус кыздар Жаңы Делидеги "Индиянын көркөм өнөр көргөзмөсүндөгү индиялык Вивак Шарманын АКШ президенти Барак Обамага арналган "Deep" деп аталган көркөм инсталляцияны көрүшүүдө. 21-август 2009


Беларус оппозициясынын лидери Александр Милинкевич АКШ канчалык кубаттуу болбосун, президент Обамага андан күткөндүн баарын аткаруу оор экенин айтат:

- Менин Обамага болгон мамилем өзгөргөн жок. Анын дарамети аябай чоң. Көпчүлүк эл күткөн үмүттү толук актоо жеңил-желпи иш эмес. Ал көп ийгиликке жетиштиби? Бул суроого: Ал күтүлгөн иштин көбүн жасады. Глобалдык проблемаларды жалгыз эле АКШ чече албайт.

Тбилисилик саясый серепчи Гия Нодия АКШнын кызыкчылыгына ылайык, Барак Обама бир жыл ичинде Ооган-Пакистан маселесине айрыкча маани берип, пост-советтик мейкиндикти унутта калтырды деп эсептейт.

Балкан өлкөлөрүнүн эли да президент Обама албан иштерди бүткөрөт деп ишенген. Алардын тилеги ишке аштыбы?

Сараево сыналгы каналынын саясый баяндамачысы Муфид Мемижанын айтымында:

- Биз Америка психологиялык жактан өзгөргөнүнө күбө болдук. Обаманын мурдакы президенттен айрымасы - эл анын ыймандуу жана ишенимдүү адам экенине ишенди. Ал көп жагынан Буштун саясын улантууда. Барак Обама Нобелдин тынчтык сыйлыгынын лауреаты болсо да Ооганстандагы согушту улантууда. Бул чоң тарыхый тобокелчилик. Обама Жакынкы Чыгышта эч нерсе кылбады. Климат боюнча Копенгагенде өткөн саммитте айлана чөйрөгө жооптуу саясат жүргүзөм деп сөз берди. Ал ири бизнестин өкүлү катары аракеттенип, бар кадырын садагага чабууда. Анын Чыгыш Европада ракетадан коргонуу системасын жайгаштыруудан баш тартканын мен колдойм. Бул бирок дүйнөдөгү эң кубаттуу өлкөнүн лидери үчүн жалчыбаган иш.

Башка бир босниялык серепчи, профессор Гажо Секуличтин баамында, президент Обама Ак Үйдүн өзүнөн мурдакы кожоюну Жорж Буш калтырган ички проблемалар менен көп алек болуп, Балкандагы проблемаларга көңүл бурган эмес.

Казакстандык журналист, жаштардын “Жаш Өркен” басма тобунун башчысы Жусупбек Коргазбек бир жыл мурда Обама бийликке келгенде, Обама демократиялык баалуулуктарды урматтай турганын, бул өз кезегинде өнүгүү жолундагы өлкөлөрдөгү демократиянын өнүгүүсүнө оң таасир этет, деген тилегин билдирген.

Азыр эми: “Дүйнө этностор аралык, өкмөттөр аралык жана диний чыр-чатактарга толтура. Анын баарын чечүү үчүн убакыт керек. Обама бир жыл ичинде мындай проблемаларды чече аларын толук тастыктады”, - деп тыянак кылат алматылык талдоочу.

Орусия Думасынын Тышкы иштер комитетинин башчысы Константин Косачевдун пикиринче, Барак Обама бир жылда талаштуу маселелерди чогуу чечүү мүмкүн экенине эл аралык коомчулукту ишендирди:

- Президент Обаманын бир жылдык башкаруусунун натыйжасында дүйнөнүн өнүгүүсүндөгү үмүтсүздүктү жараткан тенденциялар өзгөрдү. Анын негизинде дүйнө өлкөлөрүнүн глобалдык маселелерди чечүүдөгү маанайы өзгөрүп, эл аралык коомчулукта “кайра куруу” жана социалисттик система кыйраган жылдардагыдай кайсы гана ишти болбосун чогуу чечсе, өз ара кызматташса болот деген ишенич пайда болду.

Ошентип, Косачев өткөн бир жылда Орусия-АКШ алакасы оң нукта өнүккөнүн жана Барак Обама өзүн абдан ишенимдүү өнөктөш катары көрсөтө алганын белгилейт.

HRW: Адам укугун коргоочуларга каршы чабуул күчөдү

Адам укуктарынын олуттуу бузулушу үчүн жоопкер өкмөттөр өткөн жылы адам укугун коргоочуларга жана укук бузууларды документтештирген уюмдарга каршы чабуулун күчөттү. Бул тууралуу Хюман Райтс Уотч уюмунун жаңы жарыяланган жылдык баяндамасында айтылат.

Алты жүз он эки беттен турган азыркы баяндама - Хюман Райтс Уотчтун жылдык баяндамаларынын жыйырманчысы.

Анда 2009-жылы дүйнөнүн токсондон ашуун өлкөсү менен аймагында адам укуктары жаатында орун алган тенденциялардын жыйынтыгы чыгарылган.

Тескерисинен кеткен тенденция

Хюман Райт Уотчтун өкүлү Ян Левин “Эркин Европа жана Азаттык” үналгысынын кабарчысы менен маегинде белгилегендей, акыркы бир нече жылда адам укугун коргоочу кыймылдын өсүшү укук бузган өкмөттөрдүн катаал жообуна кабылды.

Бул өзгөчө өткөн (2009-) жылы күчөгөнү байкалды:

- Бир жагынан адам укуктары үчүн эл аралык кыймылдын кадыр-баркы жана таасири күчөгөнүнүн натыйжасында биз адам укугун коргоочуларга жана укук бузууларды документтештирген, адам укуктарын колдоого жана коргоого умтулган уюмдарга каршы чабуул ургалдуу нукка түшкөнүн көрүп жатабыз. Бул тенденцияны биз дүйнөнүн көпчүлүк бөлүгүнөн, анын ичинде эски совет аймагы менен Ирандан да байкоодобуз.

Дүйнөдө түзүлгөн жогорудагыдай жагдайдан улам баш кеңсеси Нью-Йоркто жайгашкан эл аралык укук коргоо уюму быйылкы баяндамасында адам укугун урматтаган өкмөттөрдү ушул маселени адам укугун тебелеген өкмөттөр менен мамиле түзүүдө борбордук маселе кылууга чакырды.

Хюман Райтс Уотчтун пикиринде, бул укук бузган өкмөттөрдүн адам укугун коргоочуларга каршы күчөгөн куугунтугун токтотуунун жалгыз жолу. Мындай кадамга ириде Кошмо Штаттары баруусу керек:

- Биз президент Барак Обаманын администрациясы абдан таасирлүү жана катуу айтылган сөздөрдөн реалдуу аракетке көчүшүнө муктажбыз. Ал адам укуктарын жана адам укугун коргоочулардын сак-саламаттыгы маселесин Орусия болобу, Кытай болобу, алар менен эки тараптуу мамиледе борбордук маселеге айлантуусу керек.

Хюман Райтс Уотчтун пикиринде, АКШ адам укуктары боюнча өзүнө карата ишенимди калыбына келтирүү үчүн айрым бир аракеттерди көрдү, анын ичинде Борбордук чалгын кызматынын “суракты мажбурлап жүргүзүү” программасын токтотту.

Бирок али да көп нерсе жасоого болот. Мисалы “кыйноого, катаал мамиленин башка түрлөрүнө буйрук бергендердин, көмөктөшкөндөрдүн, аны жүргүзгөндөрдүн иши тергеп, сот жоопкерчилигине тартуу” боюнча.

Быйылкы баяндамасында Хюман Райтс Уотч Кытайды - адам укугун коргоочу уюмдарды такай жаап турган, Иран менен Өзбекстанды - адам укугун коргоочуларды жана бийликтин башка сынчыларын ачык куугунтуктаган жана абакка салган өлкөлөр катары атайт.

Ал эми Түндүк Корея, Түркмөнстан сындуу өлкөлөрдө адам укугун коргоочу жергиликтүү уюмдар такыр эле иштей албайт.

Орусияда болсо президент Дмитрий Медведев атуулдук коомдун маанилүүлүгүн моюнга алганы менен бери дегенде укук коргоочу беш активисттин киши колдуу болгону жана аларга каршы куугунтук кырдаал кыйла курчуп кеткенин көргөздү.

Кыргызстан

Баяндаманын Кыргызстанга арналган бөлүгүнүн башталышында эле “адам укуктарын урматтоо Кыргызстанда 2009-жылы, өзгөчө азыркы президент Курманбек Бакиев жеңип алган президенттик шайлоонун алдында начарлап кетти”, - деп айтылат.

Андан ары “өкмөт фундаменталдык укуктарды, анын ичинде биригүү, жыйналуу, ой-пикир билдирүү укугун бузду жана кысымга өзгөчө жарандык коомдун активисттери менен журналисттер алынды”, - деп баса көргөзүлгөн.

Журналисттерге каршы зомбулук жана куугунтук да 2009-жылдын 23-июлундагы президенттик шайлоону утурлай өзгөчө күчөгөнү белгиленген.

Ага катар кайсыл бир журналист бутага кесиптик ишинен улам илингени же кадимки эле кылмыштын курмандыгы экендиги дайыма эле айкын болбогону, анткен менен кол салуулар башка журналисттерди коркутуу үчүн жасалганы, мындай учурлардын бир катарында күнөөлүүлөр аныкталбаганы жана жоопкерчиликке тартылбаганы айтылган.

Далил катары 2009-жылы ур-токмокко кабылган жети журналисттин иши келтирилет.

Борбор Азия


Борбордук Азиянын башка өлкөлөрүнөн Казакстанда өкмөттүн адам укугун бузууларды улантышы өлкөнүн ЕККУ уюмундагы быйылкы төрагалыгына көлөкө түшүргөнү, белгилүү адам укугун коргоочу Евгений Жовтис адилетсиз сотто төрт жылга кесилгени айтылган.

Адам укугун бузуулар Тажикстанда да токтой элек.

Түркмөн өкмөтү болсо ой-пикир билдирүү, биригүү, дин эркиндигин олутуу чектеген салтын сактоодо, ага кошумча былтыр четте, жеке менчик университеттерде билим алууну көздөгөн ондогон студенттердин өлкөдөн чыгуусуна жол бербей, адамдардын бир жерден экинчи жерге баруу эркиндигине да кол салды.

Жарандык коомдун активисттерине, оппозиция мүчөлөрүнө, журналисттерге каршы куугунтугун Өзбекстан бийлиги дагы күчөттү.

Бул өлкөдө, Хюман Райтс Уотчтун баяндамасында белгиленгендей, кыйноолор менен катаал мамиле жазасыздык маданияты менен бирге эриш-аркак өкүм сүрүүдө.

Таасири арткан Кытай, татаалдашкан тышкы саясат

Экономикасы тездик менен өсүп келаткан Кытайдын таасири Борбор Азияда барган сайын арта баштады. Адистердин божомолунда, жакынкы келечекте чөлкөмдөгү башкы оюнчу Орусия же АКШ башындагы батыш өлкөлөрү эмес, так ушул Кытай болчудай түрү бар.

Президенттин кичүү уулу, Өнүктүрүү, инвестиция жана инновациялар боюнча борбордук агенттиктин жетекчиси Максим Бакиевдин Кытайга болгон иш сапарынан кийин өлкөнүн тышкы саясатында айрым өзгөрүүлөр болгону айтыла баштады.

Маселен, “Московский комсомолец в Кыргызстане” гезити Кыргызстан Орусияга далысын салып, Кытай менен ысык ымала түзө баштаганын, ага далил катары Бээжинде Камбар-Ата 2 ГЭСин куруу сыяктуу ири долбоорлор сөз болгонун, ошентип ырасмий Бишкек Москваны эки жолу мыш кылып кеткенин жазып чыкты. Биринчиси, ырасмий Бишкек АКШнын аскерий базасын өлкөдөн чыгарарын айтып, чыгарган жок. Экинчиси, Камбар-Ата 2 ГЭСин Орусия менен биргеликте курарын айтып коюп, эми Кытайга жүз буруп кетти.

Албетте Кытай менен кызматташуу керек. Бирок экономика жагынан гана кызматташуу керек да. Аларды саясат, маданият сыяктуу жактарга киргизбеш керек. Миграциялык саясаттык катуу көзөмөлдөш керек.
Марс Сариев


Борбор Азиядагы айрым эксперттер, аталган аймактагы башкы атаандаштар Орусия менен Кытай экендигин айтышат. Ал эми өнүккөн демократиялуу өлкөлөрдүн таасири анча сезилбейт.

Өзбекстандык В.Парамонов, А.Строков аттуу серепчилердин божомолунда, бир жагынан алганда динамикалуу өнүгүп аткан Кытай экономикасы бүтүндөй Борбор Азиянын өнүгүүсүн шартташы мүмкүн. Бирок булардын чөлкөмдү көзөмөлдөө дымагы тирешке айланып кетсе, Борбор Азиядагы кырдаал да курчуп кетиши ыктымал.

Ал эми батыштык уюмдардын эксперттери болсо, Борбор Азия чөлкөмүндө барган сайын Орусиянын таасири төмөндөп, тескерисинче Кытайдын орду бекемделе баштаганын айтышууда. Ага ылайык, Кытай аталган чөлкөмдү - газ, нефть, энергия булактары, баалуу кендер, ири курулуштарга байланыштуу долбоорлорду каржылай турганы менен кызыктырып, бул жаатта олуттуу жылыштарды жасады.

Саясий серепчи Аскарбек Мамбеталиевдин пикиринде, Борбор Азия аймагында жакынкы кездери батыштын демократиялуу, өнүккөн өлкөлөрү менен АКШнын деле таасири өрчүп кетпей тургандай. Анткени, аталган чөлкөмдөгү мамлекеттердин бардыгында авторитардык режим күчтүү. “Freedom House” уюмунун отчету боюнча жарым-жартылай эркин саналган Кыргызстан, эркин эместердин катарына кирип калды.

Ал эми дагы бир талдоочу Марс Сариевдин пикиринде, Кытай менен тыгыз экономикалык кызматташуунун пайдалуу жактары көп. Бирок чочулоону жараткан маселелер да бар. Маселен, коррупцияга баткан чиновниктер миграциялык саясатка, Кытай маданиятынын жайылышына көз жумуп коюуусу ыктымал:

Марс Сариев


- Албетте Кытай менен кызматташуу керек. Бирок экономика жагынан гана кызматташуу керек да. Аларды саясат, маданият сыяктуу жактарга киргизбеш керек. Миграциялык саясаттык катуу көзөмөлдөш керек. Ал эми кошуна болгондон кийин экономика жагынан пайда табыш керек.

Мен эмнеден чочулап атам? Менин чочулаганым, биздин бийликтин кейпин көрүп атасынар. Мыйзамдар жакшы иштебейт. Чиновниктердин психологиясын билесиңер, мамлекетибиз кичинекей. Андыктан пара алуу, коррупция сыяктуу көрүнүштөрдүн чоңдугу чочулатат да. Эгер коррупция болуп кетсе Кытай бизди оңой эле өзүнө сиңирип алат. Себеби Кытай байыркы цивилизация.


Экономист Талант Кемеловдун айтымында, Кытай азыртадан эле дүйнөдөгү эң кубаттуу экономикасы бар өлкө экенин көрсөттү. Улуу Кытайга кошуна Кыргызстан сымал мамлекеттер мындан жыйынтык чыгарып, анын эсебинен кыйла бутуна туруп алса болот. Бирок бул - өлкө жетекчилеринин чеберчилигине, туура саясатына байланыштуу:

Талант Кемелов

- Булар менен иштешкенден коркпош керек. Биз иштешпесек, анда булар менен башка бирөөлөр иштешет. Өзүбүздүн эле кошуналар иштешүүгө аракет кылып атышат. Биз өз ордубузду табыш керекпиз буз жерде. Ушундай улуу мамлекеттин жанында турабыз. Кийинчерээк бул мамлекет дүйнөдөгү эң өнүккөн экономикалардын бири болот. Андыктан булар менен иштешүүдө өз ордубузду таап калышыбыз керек.

Айрым талдоочулардын айтымында, Борбор Азия аймагы батыштын же АКШнын тышкы саясатында, күн тартибиндеги акыркы маселелерден. Саясий серепчи М.Сариевдин айтымында, “адам укуктары, сөз эркиндиги” дешкени менен ошол эле батыш, АКШ да Борбор Азиянын башкаруучулары менен өтө этият мамиле кылышат. “Кайсы бир деңгээлде таасирин сактап калуу үчүн аймактагы авторитардык бийликтер менен соодалашууга барып, кош стандарттуулукка жол беришүүдө”,- дейт М.Сариев. Ал арада Кытай миллиарддаган долларлык долбоорлору менен Борбор Азия чөлкөмүнө тереңдеп кирүү аракетин көрүүдө.

Талдоочулардын айтымында, Борбор Азиядагы жогорудагыдай көрүнүштөрдүн бардыгы 19-кылымдарда эле башталган жаңы территорияларды, ресурстарды колго алууга багытталган “чоң оюндун” уландысы. Бир гана мурда Түштүк Азия менен Борбор Азияда жүргөн ал оюнда Орус империясы менен Улуу Британия негизги оюнчулардан болушса, жакынкы келечекте алдыңкы планга Кытай чыгышы ыктымал.

Орусиянын ордун Кытай басабы?

Баяндамабыз орус тилдүү эки гезиттен болмокчу.

“Ханзулардын Батышты көздөй капташы Кыргызстанга кандай коркунуч алып келет?”. “Улуу Кытай оюнунда Кыргызстан байкушка айланууда”. “Московский комсомолец Кыргызстан” гезити кытай темасына мына ушундай аталыштагы макаласын арнады.

“Жаңы жылга бир жума калганда ИИМдин 65 жылдык салтанатында сүйлөгөн сөзүндө Курманбек Бакиев Кыргызстандын тышкы саясаты көп тараптуу бойдон кала берерин айткан болучу. Ошол эле учурда Камбар-Ата - 2 ГЭСинин курулушуна орустар тарабынан бериле турган инвестиция жөнүндөгү эки тарап түзгөн келишим да күчүндө кала берери маалымдалган. Камбар-Ата ГЭСи боюнча Орусия менен Кыргызстандын ортосунда эч кандай маселе жоктугун Орусиянын Кыргызстандагы элчиси Валентин Власов да ырастаган. Маселе эми чыгып олтурат.

Максим Бакиевдин Кытайга жасаган иш сапарында так ушул Камбар-Ата -2 ГЭСин курууга жана Бишкек ТЭЦин модернизациялоого кытай тараптын катыша тургандыгы тууралуу макулдашууларга жетишилгендиги айтылууда. Мына ушундан улам Орусия өкмөтү бере турган 2 млрд. доллар кредит үчүн америкалык базаны чыгарууга убада берип, кайра анысын аткарбай койгон окуя аргасыз эске түшөт. Эми Камбар-Атадагы орустун ордун кытай алмаштырмай болду. Кыскасы кыргыз тарап муну менен орустардын оозун экинчи ирет Ошту каратты. Демек Путиндин Данияр Үсөновду "берген кредиттерди туура эмес жактарга пайдаланып жаткан турбайсыңарбы" деп жарга такаганы бекер жерден чыккан эмес турбайбы деген ойго келбей койбойсуң.

Албетте чычкан кармаш үчүн капканга коюлган сыр да бекер эмес, Кытай бүгүн стратегиялык жактан жаңы, Батышты көздөй агрессивдүү экономикалык саясат аркылуу жылып барууга негизделген доктринасын ишке ашырууга өттү. Бээжин үчүн бүтүндөй Борбор Азия, анын ичинен Кыргызстан болгону чийки зат ала турган жана күн сайын геометриялык прогрессия менен көбөйүп бараткан кытай жарандарын жайгаштыра турган гана аймак болуп саналат” деп жазды ”МК Кыргызстан” жумалыгы.

Журналист макаласында “Батышты багынтуу” үчүн Кытай саман-топондоп акча чачууга, керек болсо андан да жаман жоготууга барганга даяр экендигин белгилеп, ушул айдын башында Нью Йорк Таймстын: “Эки жыл мурда Кытай мамлекетине караштуу “Кытай металлургиясынын тобу” деп аталган корпорация Ооганстандын Айнак кыштагындагы кенди казып алуу укугуна ээ болуу үчүн 3, 4 млрд. доллар же тагыраак айтканда бул кен үчүн ат салышкан канадалык, европалык, орус жана америкалык атаандаштарына караганда 1 млрд. долларды көп берип туруп ээлеп алды. Бээжин эми бул жерге былк этпей жайгашып алып, 25 жыл бою өз өлкөсүнө 11 млн. тонна жез ташып турмай болду” деп жазганын мисалга тартты.

“АКШ азыр келесоодой абалда калды. Бир карасаң алардын аскерлери Кытайдын Ооганстандагы менчиктерин коргоп жандарын кыйып жаткансыйт. Ал эми Кытайдын тендердеги жеңиши энергоресурстар жана өз өнөржайларына чийки заттарды алуу үчүн Бээжин каалаган акчаны сунуштап, отту да, чокту да өз колу менен эмес, башкалардын колу менен шилеп турганды жакшы көрөрүн көрсөттү. Кытайдын мындай өзөлөнгөн өзгөчө боорукердиги эртең Кыргызстанды кандай күнгө каптарын азыртан ойлончу учур келди” деп жазды.

Ушул эле гезитте жарык көргөн өлкөнүн башкы сейсмологу Канатбек Абдрахматовдун маеги “2010- жылдын аягында Кыргызстанда күчтүү жер силкинүү болушу мүмкүн” деп аталат.

“Дело №....” гезити журналист Г. Павлюктун өлүмүнө байланышкан макалаларга түшүндүрмөлөрдү жарыя кылды. Казакстандын “Время” деп аталган гезитинин “Г. Павлюкту кыргыздардын атайын кызматынын офицерлери өлтүргөн” деп жазганын кабарлап, бул боюнча ырасмий бийлик өкүлдөрүнүн айрымдарына кайрылды.

Кыргызстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик кызматынын басма сөз борбору муну “одоно дезинформация” деп баалап, атайын кызмат буга карата айта турганын айтарын билдирген.

КР Президентине караштуу Стратегиялык анализ жана баа берүү Институтунун деректири Сергей Масауловдун оюнча азыр өлкөгө ар кайсыл күчтөр тарабынан чабуул жасала баштады, бирок бул чабуулду коңшу өлкөлөрдүн ырасмий позициясы деп атоого болбойт. Кыргызстанды күнөөлөп аткан басылмалардын баары Казакстандын ырасмий маалымат каражаттары эмес, болгону Казакстандын аймагында жайгашып алган башка маалымат булактары болуп саналат. Масауловдун айтымында, президент улуттук баалуулуктарды сактоо тууралуу оюн ачык айтты, Кыргызстан өз алдынча аракеттене баштады. Мына ушул “өз алдынчалык” көп күчтөргө жакпайт. Демек азыр үчүнчү күчтөр аракеттенип жатат.

Ушул эле басылма “Деги Исаковду эмнеси үчүн кесишти” деген ат менен журналист Артем Петровдун макаласын сунуш кылды.

Мындан тышкары ислам тууралуу ар түркүн көз караштагы макалалардын топтомдору, жарандардын суроолоруна ислам таануучу Кадыр Маликовдун берген жооптору да окурмандардын ой элегине салынган.

Маалымат майданында өнүгүүгө шарт барбы?

Кыргызстанда массалык маалымат каражаттарынын өсүп-өнүгүшү, кирешелүү бизнеске айланып кетүүсүнө ыңгайлуу шарттар түзүлгөнбү? Өлкөдөгү ийгиликтүү, кирешеси мол маалымат каражаттары кайсылар?

Маданият агенттигинин маалыматына караганда, Кыргызстанда ырасмий түрдө 1200дөн ашуун басма сөз каражаттары каттоодон өтүшкөн. Бирок рыноктук шарттарда алардын алтымыштайы гана иштөөдө. Теле жана радио компанияларынын, интернеттеги маалымат агенттиктеринин саны кыйла эле аз. Анын үстүнө дал ушул тармакка акча салууну чечкен ишкерлер, инвесторлор деле байкалбайт.

Адистердин баамында, биринчи кезекте маалымат каражаттарынын өнүкпөй атышына - мамлекеттин маалымат майданын көзөмөлдөөгө багытталган саясаты себепкер. “Журналисттер” коомдук бирикмесинин жетекчиси Марат Токоевдин пикиринде, мамлекет каржылаган ири телерадио компанияларга жеке менчик телерадио компаниялардын атаандашуусу абдан кыйын. Андыктан бул жерде “мамлекеттик монополия” тууралуу сөз кылуу орундуу болчудай.
Чынын айтсам бизде эч ким эл аралык стандарттарга ылайык, олуттуу басылма чыгарыш үчүн аракет көргөн эмес. Чындап аракеттенген эмес.
Марат Токоев


Канткен менен маалымат майданында ити чөп жеп, кирешеси арткандары да жок эмес. Бирок алар негизинен көңүл ачуучу, эриккенде эрмектечү жана рекламадан акча тапчу жеңил басылмалар.

Салмактуу, абройлуу, дэңгээли бийик басылманы күтүү...

Маселен, кыргыз тилиндеги “Супер Инфо” гезитинин нускасы 100 миңге чейин жетип, карапайым калк эрмектечү бирден-бир гезит болуп калды. Ал эми орус тилиндеги эң көп нускалуу “Вечерний Бишкек” гезити негизинен рекламалары менен каражат табат. Ал эми “Агым”, “Аалам”, “Кыргыз руху” сыяктуу басылмалар интеллигенция өкүлдөрү көп окуп, коомчулук ишенүү менен сатып алчу салмактуу басылмаларга айлана алышпады.

“Guardian”, “New York Times” гезити же “Newsweek” журналы сыяктуу жергиликтүү масштабдагы олуттуу басылмалар эмнеге өнүп чыкпайт? Андай болушу үчүн оболу кандай шарттар түзүлүшү абзел?

“Журналисттер” коомдук бирикмесинин жетекчиси Марат Токоевдин пикиринде, Кыргызстанда жеке менчик телерадио компания түзүү, аны кирешелүү бизнеске айлантуу өтө эле татаал. Ал эми олуттуу, эл сатып ала турган басылма жаралышы үчүн оболу ага муктаждык керек. Бирок адистин пикиринде ушул кезге чейин андай басылма чыгарууга шымалана киришкен киши деле байкалган жок:

- Олуттуу гезит-журналдар жаралышы үчүн элдин муктаждыгы керек. Ушундай басылмаларга муктаждык жок болсо, анда алардын бутуна туруп кетиши абдан күмөн. Бирок чынын айтсам бизде эч ким ушундай эл аралык стандарттарга ылайык, олуттуу басылма чыгарыш үчүн аракет көргөн эмес. Чындап аракеттенген эмес.

Азыр деле бизде айтып атышпайбы, “Кыргыз журналисттери бир кездери “Агым” гезити калыптандырып кеткен журналистиканын кийиминен чыга албай жүрүшөт” депчи. Ким билет, чынында эле бир кездеги “Агымдай” таасири күчтүү гезит пайда болсо, анан бейтараптуулукту, эл аралык стандарттарды карманса, жүйөлүү сүйлөгөн абройлуу гезит болсо, балким анда ал дагы жаңы мектепти калыптандырып кетет беле...

Бирок андай ишти кылыш үчүн бир топ каражат керек. Бир топ күч керек, басым-кысымдарга туруштук бере алчу адам керек, жамаат керек.

Бизде “Guardian” сыяктуу гезиттерди чыгарып, аны таркатуу үчүн эң оболу рынок керек. Бизде ошол рынок, аудитория жок.
Бегалы Наргозуев

Элдин деңгээли али төмөнбү?

“Ак жол” фракциясынын мүчөсү, “Агым” гезитинин мурдагы ээси Бегалы Наргозуевдин пикиринде, Кыргызстанда “Guardian” сымал олуттуу, абройлуу басылманы окуй турган аудитория жетиле элек. Ал келечектин иши экенине токтолгон депутат, бара-бара “Супер Инфо” сыяктуу көп тираждуу басылмалардын окурмандарында олуттуу макалаларды окууга муктаждык жараларын, ошондо гана саясий-экономикалык, коомдук маселелерди усталык менен алып чыккан басылмалар пайда болорун айтат:

- Бизде “Guardian” сыяктуу гезиттерди чыгарып, аны таркатуу үчүн эң оболу рынок керек. Бизде ошол рынок, аудитория жок.

Кыргызстанда “Супер Инфо” деген гезит эң көп тираждуу гезитке айланды. Бирок анын өз окурмандары, өз аудиториясы бар. Ал гезит саясатка, коомдук ар түрдүү темаларга дээрлик көңүл бурулбайт. Өздөрүнүн темасы, аудиториясы бар.

Биз Кыргызстандын калкы “абдан саясатташып кетти” деген менен, чын-чынына келгенде саясатташкан, дегеле жарандык активдүү позициядагы адамдардын саны өтө аз. Андыктан жанагыдай олуттуу гезит пайда болуп, массалык басылмага айланышына шарт бышып жетиле элек.


Ал арада кыргыз гезиттери 1990-жылдары Мелис Эшимканов түзгөн “Асаба” гезитинин жазуу стилинен өйдө көтөрүлө албай келет дешет. Ошол себептүү бийик деңгээлдеги журналисттердин чыгышын шарттаган жаңы басылма керектиги кеп болууда. Бирок андай басылманы ким, качан түптөп, качан бутуна тургузаары, андайга шарттар качан түзүлөөрү белгисиз.

Террордук уюмдар менен жашынмак оюну

Өлкөдө диний экстремизм жана терроризм менен күрөшүүнүн жаңы жолдору иштелип чыкты. Долбоордун авторлору ал программа аталган маселени чечүүдө ийгиликтүү кадам болот дешүүдө. Бирок бул адам укуктарына каршы келиши мүмкүн дегендер да бар.

Ушул тапта өлкөдө “Хизб-ут-Тахрир”, “Чыгыш Түркистан” партиялары, “ал-Каида” өңдүү сегиз террордук жана экстремисттик уюмдардын ишмердүүлүгүнө тыюу салынган.

Деген менен алардын ичинен “Хизб-ут-Тахрир” уюмунун мүчөлөрү өлкөдө эң көп санда экени айтылат. Айрым маалыматтар боюнча алардын саны 1 жарым миңге жетиши мүмкүн.

Тыюу салынган экстремисттик уюмдар менен күрөшүүнүн жаңы жолдорун Ички иштер министрлиги “Дин, укук жана саясат” аналитикалык изилдөө борбору менен бирге иштеп чыкты. Аталган борбордун өкүлү Данияр Мурадиловдун айтымында, мындай механизмдер бир нече багытта ишке ашат:
СПИД, кургак учук өңдүү толгон-токой орчундуу проблемалар жатса, мамлекет экстремизм жана терроризмге ушунча көңүл буруп, жанагыдай долбоорду ишке ашырып атат?


- Биздин долбоор боюнча экстремисттик уюмдар таркаткан адабият, аудио-видео материалдардын бирдиктүү базасы түзүлөт. Ошондой эле бул көйгөй маселе менен күрөшүү үчүн ИИМ жана “Дин, укук жана саясат” борборунун өкүлдөрүнөн турган атайын мобилдүү топтор өлкөнүн кооптуу аймактарына жөнөтүлөт.

Д.Мурадиловдун айтымында, ошондой эле калкка түшүндүрүү иштерин жүргүзүү менен идеологиялык багыт берүү маселеси да колго алынат. Мисалы, жакын арадан тарта экстремизм жана терроризм тууралуу, аларга каршы туруу жөнүндө китепчелер элге таркатылып, мектеп окуучуларына лекциялар окутулат.

Данияр Мурадиловдун ырасташынча, борбордун иликтөөсүнө ылайык, акыркы мезгилде “Хизб-ут-Тахрир” уюмунун өкүлдөрү азайууда. Партия ичиндеги каржы, уюштуруу иштериндеги кризис күчөп, өкүлдөрдүн идеологиялык жактан нааразычылыгынан улам уюмдун төрт жүзгө жакын мүчөсү чыгып кетти.

Ачыкка чыгалбагандар жана соттолгондор

Деген менен бул партия өз ишмердүүлүгүн токтотуп койду дегенге жатпайт. Тескерисинче, уюм жашыруун иштөөгө өттү:

- Мурда “хизб-ут-тахрирчилер” коркпой-үркпөй эле өздөрүнүн ким экенин айтып келишкен. Эми аларга карата көрүлүп жаткан курч чаралардан улам алар жашыруун иштөөгө өтүштү.

Ички иштер министрлигинин тогузчу бөлүгүнүн жетекчиси Азамат Кутманалиев экстремисттик уюмдардын, анын ичинен “Хизб-ут-Тахрирдин” ишмердүүлүгүнүн басаңдашына Ноокат окуясынын да таасири болушу мүмкүн деген пикирин билдирди:

- Балким ошол окуядан соң экстремисттик көз караштагы адамдар бир аз сестенип, коркуп калышкан чыгаар. Ошондой эле аларга каршы жүргүзүлүп жаткан чаралардын да таасири бар. Айта кетсем, өткөн жылы сөз болуп жаткан партиянын 79 өкүлү кармалып, аларга карата кылмыш иши козголгон.

2008-жылы Орозо айт маалында Ноокат райакимчилигин ташбараңга алууга катышкан, “Хизб-ут-Тахрир” диний экстремисттик партиясына мүчө делип, 32 адам тогуз жылдан жыйырма жылга чейин эркинен ажыратылган болчу.

“Кимди ким көрдү, Быржыбайды там басты”

Укук коргоочу Азиза Абдрасулова ошол окуяны эскерип, андагы адамдардын арасында күнөөсү жоктор болгонун, ага карабай кесилип кеткендерин айтат. Сөз болуп жаткан долбоор адам укуктарынын бузулушуна алып келбейби деген суроо жаралат, дейт А. Абдрасулова:
Бул уюмдардын ишмердүүлүгү качан аларды каржылагандар акча берүүнү азайтып же токтотуп койгондо басаңдап калат.


- СПИД, кургак учук өңдүү толгон-токой орчундуу проблемалар жатса, мамлекет экстремизм жана терроризмге ушунча көңүл буруп, жанагыдай долбоорду ишке ашырып атат? Эмнеге кайра-кайра эле ушул маселеге жабышып калышты? Мына, ушундай суроо туулат. Анан мында башкысы адам укуктары тебеленбей, “хизб-ут-тахрирчи” деп момун мусулмандарды кармап кетишпесе эле болду. Анткени андай фактылар буга чейин болгон.

ИИМдин өкүлү А. Кутманалиев укук коргоочунун айткандарын жокко чыгарып, бул жерде экстремизм жана терроризм менен күрөшүү максаты гана бар экенин айтат:

- Мына, 79 адам өткөн жылдан бери соттолду деп атабыз. Эгерде биз Азиза Абрасулова айткандай шектүү делген адамдарды далилдебей туруп эле соттой берсек, ал сан канчага жетмек?

Саясат таануучу Жолборс Жоробеков “Хизб-ут-Тахрир” уюмунун жактоочулары азайды деген пикирге кошулбасын айтат:

- Бул уюмдардын ишмердүүлүгү качан аларды каржылагандар акча берүүнү азайтып же токтотуп койгондо басаңдап калат. Бул мурдатан бери болуп жаткан көрүнүш. Ал эми “Хизб-ут-Тахрир” партиясынын жактоочулары азайды, же ал дээрлик жок болду деген пикирлер туура эмес деп ойлойм.

Жолборс Жоробековдун айтымында, экстремисттик топтор менен күрөшүүдө ИИМ жана бейөкмөт уюмдардын иши жетиштүү эмес. Жалпы калк буга жең түрө киришмейин бул маселени чечүү мүмкүн эмес.

"Азаттыктын" архивинен: Коомдук парламент жыйын өткөрдү

15-январда Бишкекте Коомдук парламент жыйын өткөрүп, былтыркы окуялардын негизинде азыркы кырдаалга баа берди жана алдыдагы иш-чараларын белгиледи. Бийлик өкүлдөрү болсо Коомдук парламент бир жактуулукка жол берип атканын айтышууда. ZMa, MiT.

Коомдук парламент жыйын өткөрдү
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:50 0:00

Ч. Турусбеков: Өзбек чек арачылары кыргыз жеринде ок атканы аныкталды

Кыргыз-өзбек чегиндеги чырлуу окуяны иликтеген топ өзбек чек арачылары Кыргызстандын аймагында ок атканын аныктаганын Чек ара кызматынын төрагасынын орун басары Чолпонбек Турусбеков “Азаттыктын” таңкы түз обосунда билдирди.

- Чолпонбек мырза, 17-январда Жалал-Абаддын Чек айылындагы кыргыз-өзбек чек ара тилкесинде кыргыз чек арачысы жарадар болуп, аны өзбек аскерлери өз тарабына алып кирип кеткен экен. Чек арачы кайтарылдыбы, анын абалы кандай экен?

- Азыркы убакта биздин жоокерибиз Өзбекстандын ичинде. Ошол жерде биринчи жардамды алган, бүгүнкү күндө аны алып чыгуу боюнча сүйлөшүүлөр болуп жатат.

- Окуя эмнеден чыкканы аныкталдыбы?

Атайын түзүлгөн топ окуя болгон жерде иштеп чыгып, ок атылганын аныктады. Он чакты гильза табылып атат 5,45 мм. патрондон. Андан тышкары Калашников автоматынын бир окчонтою ичиндеги октору менен табылды. Негизгиси далилдегенге керектүү нерселер ошол жерден табылып атат. Кыскасын айтканда, ошол жердеги мамлекеттик чек аранын сызыгы бүгүнкү күндө делимитацияланган, проткол менен бекитилген. Ал жерде чечилбеген маселе жок болчу. Өзбекстан тарап да, Кыргызстан тарап да жакшынакай билчү кайсы жерде мамлекеттик чек ара өткөнүн. Бул окуя Кыргызстандын аймагында болуп атат.

- Демек алар биздин чек арага кирип келишкен?

- Ошондой болуп атат.

- Бул окуя эмнеден кабар берет? Эки өлкөнүн жалпы чек арасындагы чыңалган абалдыбы же бул кокустукпу?

- Туура айтасыз, биз ойлойбуз, бул бүгүнкү күндө кокустук болгон чатак окуя болуп атат.

- Кыргыз чек арачылары бул окуядан кийин кандай тартипте кайгуулга чыга баштайт?

- Бүгүнкү күндө кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арада абал тынч, чек арачылар өзүнүн күнүмдүк режиминде мамлекеттик чек араны кайтарууда. Анан эле ушул окуядан кийин Кыргызстандын чек ара кызматы атайын бир жумуштарды, иш чараларды колдонот дегенден алыспыз. Биз өзүбүз Өзбекстандагы кесиптештерибиз менен бүгүнкү күндө тыгыз байланышта иштеп жатабыз, ар түрдүү жоболорубуз, иш пландарыбыз бар. Бул окуяга объективдүү баа бериш үчүн чогуу, биргеликте иш чаранын жыйнытыгын чыгарышыбыз керек.

- Рахмат маегиңизге.

Өзбек чек арачысынын огунан кыргыз жоокери жараат алды

Кыргыз-өзбек чегиндеги Чек айылынын өзбек тарабы

Эки күн мурда кыргыз жерине мыйзамсыз кирип келген өзбек жоокерлери ок чыгарып, андан бир кыргыз чек арачысы жарадар болду. Өзбек чек арачылары аны ошол замат өз аймагына алып кирип кетип, жарадар жоокер эмгиче кыргыз тарапка бериле элек.

Мамлекеттер аралык чек араларды аныктоо боюнча эки тараптуу сүйлөшүүлөр кайра жанданаар алдында Жалал-Абад облусунун чек ара аймактарында кооптуу жагдай жаралды. 17-январда облустун Ноокен районундагы Момбеков айыл өкмөтүнүн Чек айылына куралчан эки өзбек жоокери өтүп келген.

Өзбек чек арачылары кыргыз жеринде ок чыгарышты

Райондун акими Үсөнбай Рыскуловдун айтымында, алар эмне үчүн кыргыз аймагына өткөн себебин сураган Момбеков чек ара бекетинин жоокерлерине чап салышкан. Коңшу өлкө жоокерлерине чек ара тилкесинде турган өзбекстандык 15 адам да жардам берип, кыргызстандыктарды таш бараңга алышкан. Жардамга жете келген өзбекстандык үчүнчү чек арачы аткан ок кыргыз жоокеринин биринин бутуна тийген. Жарадар жоокерди алар дароо өз тарабына алып кирип кетүүгө үлгүргөн. Ал ушул күнгө дейре Кыргызстанга кайтарыла элек.

Окуя болгон жеринде эки өлкөнүн чек аралаш райондорунун тиешелүү тармак башчыларынын катышуусу менен талкууланганда, өзбекстандыктар чек арадагы мыйзамсыздыкты мойнуна алышкан. Өзбекстандын Пахта-Абад районунун акими жарадар жигит айыккандан кийин кайтарылаарын билдирген:

Сөз Ноокендин акими Үсөнбай Рыскуловдо:
Өзбек чек арачылары биздин Нурбек Орункулов аттуу жоокерди бутуна атышат да, машинасына салып алып кетип калышкан.

- Чек ара тилкеси менен келаткан Момбеков чек ара бөлүгүнүн сержанты, 1979-жылы туулган Нурбек Орункулов өзбек чек арачыларына "биздин чек арага туура эмес өттүңөр” деп айтса, алар сөзгө келбей эле биздин сержантты урат. Ошо маалда өздөрү казган аңдын жанында өзбекстандык он бештей жаран таш менен уруп, биздин эки жоокерди ошо аңдын боюндагы үйгө качырып киришет. Нурбек Орункулов жыгылып калып, экинчи жоокер кармаша кеткенде, алар ок ата баштайт. Биздин чек арада беш жолу атылган автоматтын он беш огу окчонтою менен, өзбек жоокерлеринин погондору жатат. Биздин жоокерди, сержант Нурбек Орункуловду сүйрөп барышып, бутуна атышат да, кийин машиналарына салып алып кетишет. Медициналык алгачкы жардам көрсөтүлөт деген жообун беришти. Кечээ түнкү саат он бирге дейре “ тез жардам” автоунаасы менен чек арада күтүп турдук, жоокерди кайтарышкан жок. Бүгүн да беришпеди.

Чек ара такталса эле маселе чечилеби?

Облустун жарандары чек ара сүйлөшүүлөрүнө аруу тилек менен карашууда. Өкмөттөр аралык комиссиялардын ал жолугушуусу эки жыл мурда токтогон эле. Өзбекстанга коңшу жашаган айылда турган Рустам Абдурасулов барс жылында катталган чыр-чатактарга тынчсызданат. Анын ырасташынча, тартип катаал болгону менен чек ара кыштактардарында түрдүү мыйзамсыздык өкүм сүрүүдө:
Өзбек жарандары талаадагы эгин-тегинибизди тебелеп-тепсеп, малдарыбызды айдап кетүүдө.
Өзбек тарап былтыр чек араны бойлой аң казып салган

- Өзбекстан менен чек ара маселеси өтө кооптуу болуп калды. Мурда чек арада эл мал бага турган ачык, жайык жерлер бар эле, эл ошо жерлерге малын бакчу. Эми ага мүмкүнчүлүк жок. Эми жоокери эмес, өзбекстандын жөнөкөй эле жарандары малыбызды күп- күндүзү эле айдап кетишет. Пахта эксең, пахтаңды койбойт. Жүгөрү эксең, аныңды да оруп кетишет. Буудай эксең тебелеп-тепсеп, чөбүңдү оруп алышат. Чек арада кооптуу кырдаал күчөдү, айрыкча акыркы эки жылдан бери чек ара жакшы болбой калды.

Чек аралардын башы ачылбагандыгынан карапайым калкка кыйын болууда. Көз каранды эмес серепчи Фуркат Мендикуловдун белгилешинче, Ноокен районундагы Сакалды айыл өкмөтүндөгү Чек айылынын тагдыры да олуттуу. Аталган айыл кандайча Өзбекстанга өтүп кеткенине жергиликтүү калктын башы маң ,чек арага адам эмес, бодо малдын жакындоосу коркунучтуу. Анткени, чек ара али толук тактала элек болсо да, кишилер менен малдарды кармап кетүү жоруктары дагыле күчүндө.

- Чек аралар акырына дейре такталып, чечим чыкпаганынан карапайым элге эле кыйын болуп атат. Чек арадан өтүү кыйын. Мурда Сакалды чек ара бекетинен өтүүчү эле бажы аркылуу. Аны жаап койгондон кийин Маданият жактан декларация толтуруп, паспорт менен өтө турган тартип киргизишкен. Бул жактан өткөндөргө айып пул салышат, Чек деген айылыбызды Өзбекстандын карамагына өтүп кетти деп эл жүрөт.

Облбийликтен алынган маалыматка караганда , өзбекстандыктар 2- январда да Ала-Бука районундагы чек араны кайтарган эки жоокерди туткунга алып кетишкен. Алар эки тараптуу сүйлөшүүлөрдүн натыйжасында арадан 4-5 күн өткөндөн кийин бошотулган. Декабрь айында 12 уй менен аны кайтарган өспүрүм өзбекстандыктардын колунда жүрүп келгени белгилүү.

Облус губернатору Кошбай Масиров жалалабаддык жарандарды чек ара аймактарында этият болууга чакырды. Такталбаган жайларды аныктоого коңшу өлкө да аракет кылууда. Анын айтымында, кенен кыргыз жайыттары турганда облус тургундары Өзбекстандын жерине малдарын агытпай эле койсо болмок:
Губернатор К. Масиров

- Өзүбүздө жер кенен туруп, Өзбекстандын жерине малды эмнеге жайышат дейм да? Ала-Бука районунда жер кандай кенен экенин билесиз. Бирөөлөрдөн шектенгенди койсок. Өзбекстандыктар ошо райондогу Биринчи май чек ара бекетин ачып коюшту, эми ошо райондун четинде Өзбекстан менен чектешкен аркы Көк- Ташка айылына дейре бара беришет. Мурда алар Биринчи май айыл өкмөтү аркылуу бизди өткөрбөй коюшкан да. Өзбекстандын да көп жакшы жактары бар...

Облус башчысы мындай дегени менен чек арадагы кыйынчылыктардан карапайым калк азап тартууда. Чек ара аймактарында жашаган эл маселе чече албаган бийликтегилерге нааразы.

Павлюктун өлүмү “атайын операциябы”?

Журналист Геннадий Павлюктун өлүмүнө Кыргызстандын атайын кызматтарынын катыштыгы бар деген маалыматтар казак басма сөзүнө чыкты. Бирок расмий деңгээлде комментарийленген жок. Мунун артында эмне жатуусу мүмкүн?

13-январь күнү Астанада атайы өткөрүлгөн маалымат жыйынында Казакстандын ички иштер министрлигин маалымат катчысы Куанышбек Жуманов полиция “Кыргызстандын бул кылмышка тиешеси бар бир нече жаранын” аныктаганын белгилөө менен төмөнкү маалыматтарды кошумчалаган эле:
- Азыркы учурда Казакстандын Башкы прокуратурасы аркылуу Кыргызстандын укук коргоо органдарына укуктук жардам көргөзүү жөнүндө эл аралык тапшырма берилди. Ошондой эле 11-январь күнү Казакстандын ички министрлигинин кызматкерлеринин министр орун басары Амантай Аубакиров баштаган тергөө тобу Бишкекте болду.

Казакстандан келген өкүлдөр Кыргызстандын ички иштер министринин орун басары Сабырбек Курманалиев, Баш прокурордун биринчи орун басары Сумар Насиза менен жолукканын кыргыз тарап да ырастады.

Өткөн аптанын ортосундагы брифингде казак ички иштер министрлигинин расмий өкүлү кээ бир маалымат каражаттарынын журналист Павлюктун өлүмүнө Кыргызстандын атайын кызматтарынын тиешеси бар деген кабарларын комментарийлөөдөн баш тартты. Ушундай кабарды Жаңы жыл алдында Казакстандын күч структураларындагы булактарына шилтеме жасап, КТК телеканалы айтып чыккан эле.

“Кыргызстандын Улуттук коопсуздук кызматынын үч кызматкери журналист менен жолугушуу белгилеп, өлтүрүү ишке ашырылган квартирада аны менен бирге болгон",- деп маалымдалган эле 30-январь күнү КТК телеканалынын обосунда. Ошол эле күнү Кыргызстандын Улуттук коопсуздук кызматы бул кабарды расмий эмес деңгээлде төгүндөгөн.

Жаңы жылдык майрамдардан соң казак ички иштер министрлиги Павлюктун өлүмү боюнча 13-январда атайы брифинг өткөрүлөөрүн эки күн мурда кабарлады. Ал брифингде, балким, маанилүү маалыматтар айтылышы мүмкүн деп күтүлгөн эле. Бирок казак тарап кылмыш үчүн кыргыз жарандары шектелип жаткандыктан, бул иш боюнча кыргыз тарап менен кызматташууга киришкенин гана айтып тим болду.

“Атайын операция”


Бирок эртеси 14-январь күнү казакстандык “Время” басылмасы “Атайын операция” деген аталыштагы макаласын жарыялады. Журналист Геннадий Бендицкий өз макаласында “Геннадий Пвлюктун өлтүрүлүшү бүгүн толугу менен ачылды. Аны өлтүргөндөр аныкталды. Аты-жөнү да. Бирок бул кылмыш ишин тергөөнү логикалык жыйынтыкка жеткирүү үчүн, тилеке каршы, Казакстандын укук коргоо органдарынын колу кыска. Буга мамлекеттик чек аралар эле тоскоолдук кылган жок” , - деп жазат.

“Время” басылмасындагы макалада айтылган маалыматтарга караганда, Геннадий Павлюк Алматыда токтогон мейманканага жана анын мобилдик телефонуна түшкөн номерлерди деталдаштыруунун жана анализдөөнүн натыйжасында Кыргызстандын атайын кызматтарынын офицерлеринин паспортторуна катталган телефондор менен телефон карталар аныкталган. Ошол эле телефондордон Бишкектеги белгилүү макемелер менен кызматтарга катталган шаардык номерлерге телефон чалынган. Ошол телефондор аркылуу Кыргызстандын атайын кызматынын жогорку даражалуу офицеринин аты-жөнү калкып чыккан.

“Время” гезити жазгандай, ал өзүн
расмий эмес түрдө Бакиевдер кланынын коопсуздук маселелер боюнча оң колу катары көргөзүп жүрөт. Кыргызстандын атайын кызматынын бул ишке тиешеси бар өкүлдөрүнүн баары Казакстандын аймагынан 16-декабрдан 17-декабрга караган түндөн калбай кеткен. Бул факт “Кордай” бажы жана чек ара бекетинде катталган.

Көзөмөл астындагы басма сөз

Жогорудагыдай мазмуундагы макаланы 14-январдагы санында жарыялаган “Время” басылмасы бирок маалыматтын булагын так көргөзгөн эмес. Ал Казакстандын бийлигине жакын структуралар тарабынан көзөмөлдөнгөн гезит катары эсептелет.

Казакстандын жалпы улуттук Социал-демократтар партиясынын жетекчилеринин бири Петр Своик аталган басылманы биз менен маегинде таасирлүү жана абройлуу гезит катары мүнөздөө менен буларга токтолду:

- Мен бул оюмду Павлюкка байланышкан кырдаалга байлабастан туруп айтып жатам. Эгер “Время” басылмасы бирдеме деген болсо, мунун алдында кандайдыр бир негиз бар. Алар маалыматты текшерүү жагынан абдан так. Колго тийгендин эле баарын баса беришпейт.

Казак оппозициясынын чет өлкөдөгү бюросунун жетекчиси Серик Медетбеков болсо Казакстандын таасирлүү деген басылмасына жогорудагыдай маалыматтын чыгыш себебин талдоодо өлкөдө эркин басма сөз дээрлик жок экенин, баары көзөмөл алдында турарын эске алуу керектигин белгилейт:

- Бийликтин толук көзөмөлү астында турган казак маалымат каражаттары эле чындыкты айтып жатат деш мүмкүн эмес. Бул Казакстандын атайын кызматтарынын бул өлтүрүүдөн өзүн оолак кармоо аракети болушу мүмкүн. Анткени ал ишке Казакстандын атайын кызматтары аралашпаганынын эч далили жок да. Объективдүү тергөөсүз бир нерсе айтуу кыйын. Баары жоромол түрүндө гана болот.




“Саясий өлтүрүү”

Казакстандын бул уюмдагы төрагалыгы расмий башталган 14-январь күнү Венада кабарчылар менен болгон маегинде Астананын өкүлү Адил Ахметов Геннадий Павлюктун өлтүрүлүшүн “саясий” деп атады жана окуяга ушундай баа казак тараптан биринчи ирээт берилди:

- Бул саясий өлтүрүү. Тырмакчадагы кимдир бирөөлөргө ал тоскоолдук жасаган. Журналист өзүнүн журналисттик гана иши менен алектенген. Эмне кыласың. Кылмыш жасалды. Албетте белгилүү бир чаралар көрүлөт.

Расмий деңгээлде комментарийленбегени менен «Павлюктун өлүмүнө Кыргызстандын атайын кызматынын катыштыгы бар» деген маалыматтарды телеканал же гезиттер аркылуу таратуу аркылуу казак тарап кыргыз тарап менен соодалашып жаткан жокпу? Биз бул суроону алматылык саясат таануучу Андрей Чеботрёвго жолдодук:

- Менимче Казакстандын атайын кызматтарына өзүлөрүн алар кырдаалды көзөмөлдөй албайт дегендей таризде көргөзүү пайдасыз. Соодалашуу үчүн да кандайдыр бир предмет болушу мүмкүн. Эгер Казакстандын атайын кызматтарында кыргыз кесиптештерине карата кандайдыр бир далилдер болсо, азыр ушул боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатышы ыктымал. Ишке Кыргызстандын атайын кызматтарынын катыштыгы жок болгон күндө деле, Казакстандын атайын кызматтарынан суроолор чыгат. Анткени сөз кыргыз жаранынын өлтүрүлүшү жөнүндө жүрүп жатат.

Алматылык саясат таануучу Андрей Чеботырёв ошондой эле биз менен маегинде кыргыз журналистинин Алматыда киши колдуу болушу Казакстандын ЕККУдагы төрагалыгы башталган учурга туш келгендиктен, алар бул кылмыштын бетин ачууга кызыкдар экенин кошумчалады.

Кеңейген түшүнүк

Бишкектик саясат таануучу Орозбек Молдалиев журналист Павлюктун өлүмү боюнча казак тараптан расмий жана бейрасмий айтылып жаткан маалыматтарды мындайча чечмелейт:


- Кыргызстандын жарандарынын катышы бар деген сөз эле бир топ, ар жагын өзүңөр түшүнгүлө деген маанини туюндуруп жатат. Атайын кызматтын кызматкерлеринин тиешеси бар деп эл аралык практикада ачык (расмий деңгээлде) айтылбайт. Аны ашкере кылыш керек болгон учурда гана айтылат. Кыргызстандын жарандарынын тиешеси бар деген жерде, криминалдык чөйрөдөгү жарандар деп айтылса, бир беткей түшүнүк болмок. Минтип айтылбагандан соң, ар кандай жоромолдорго жол берүүдө.

Ага катар Орозбек Молдалиев азыр Кыргызстандын шартында атайын кызмат деген түшүнүк кеңейип кеткендигин кошумчалады:

- Атайын кызмат деген түшүнүк кеңейип кетпедиби. Мурда атайын кызматтын адамдары дегенде эле КГБнын кызматкерлери жөнүндө айтылуучу. Азыр бул түшүнүк кеңейип калгандыктан, ар кандай чечмелөөгө болот.

Казакстандын “Время” гезити өткөн бейшембиде жарыялап, андан кийин көптөгөн Интернет сайттар көчүрүп баскан макалада айтылгандарды Кыргызстандын Улуттук коопсуздук кызматы азырынча комментарийлей элек.

Журналист Геннадий Павлюк Алматынын ооруканасында 22-декабрь күнү эс-учуна келе албай жатып каза тапкан. Андан алты күн мурда, 16-декабрь да журналист колу-буту байланган шартта жерде жаткан жеринен табылган. Казак полициясы ал көп кабаттуу үйдүн алтынчы кабатынан ыргытылганын аныктаган.

Казакстан: Г. Павлюктун өлүмү – саясий өлүм
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:48 0:00

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG