Линктер

жекшемби, 21-июль, 2019 Бишкек убактысы 15:26

Борбор Азия

Казакстан ЕККУдан эмне алат?

Польшадагы казак коомчулугу Казакстандын ЕККУдагы жетекчилигине каршылык иретинде митингге чыгышты, 24-сентябрь, 2007

1-январдан тарта Казакстан Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмун (ЕККУ) жетектей баштады. ЕККУдагы жетекчилик Казакстанга эмне берет жана өлкө кайсыл проблемаларды чечүүгө аракет кылышы мүмкүн?

Казакстан ЕККУну жетектейби-жокпу деген талкуулар башталганына 10 жылга жакындап калды. Адам укугун коргоочу эларалык уюмдар расмий Астананы саясий эркиндиктин жоктугу, сөз эркиндигинин кысымга алынышы, адам укугун коргоочулардын кордолушу үчүн сындап, авторитардык башкаруудагы бул өлкө ЕККУну башкарууга татыксыз деп келишти.

Бирок талаш-тартыштардын баары 1-январдан баштап, Астана чындап эле ЕККУнун жетекчиси болуп жарыялангандан кийин, басылды окшойт. Аталган уюмдун расмий өкүлдөрүнүн бири “Азаттыкка” айтканына караганда, азыр Казакстан кантип болбосун, өзүнө алган милдетти мыкты аткара алаарын көргөзүүгө аракет кылат.

Бул уюмдагы милдеттин эң эле башкысы - ага мүчө 56 жумурияттын ортосунда экономика жана коопсуздук маселелери боюнча кызматташтыкты арттыруу.

Казакстандын ЕККУдагы элчиси Кайрат Абдрахманов 30-декабрда “Азаттык” радиосу уюштурган тегерек үстөл талкуусунда: “Биз азыр буерде ЕККУнун үчүнчү катардагы гуманитардык миссиясына көбүрөөк көңүл буруп жатабыз. Бирок биз башкарабыз деп жаткан уюм негизинен коопсуздуктун саясий, аскерий аспектилери, экономикалык проблемаларды чечүү, экологиядагы көйгөйлөр боюнча иштейт. Жетекчи катары биз чечишибиз керек болгон маселелер көп”, - деген эле.

Казакстан эми январда жана майда Айлана-чөйрөнү коргоого жана Экономикага арналган жылдык форумду өткөрөт. Анда жетекчи мамлекет катары ал талкууга коюлуучу негизги проблемаларды сунуштайт.

2010-жыл үчүн, мисалы, Казакстан өзү мамлекеттердеги башкарууну жакшыртуу, чекара аймактарында, ЕККУга мүчө мамлекеттердин ортосундагы темир жол каттамдарында коопсуздукту күчөтүү маселелесин кароону сунуш кылган.

Канат Саудабаев
Жетектөөчү мамлекет коопсуздук жана адам укуктары боюнча конференцияны да уюштурат, ноябрда болсо уюмдун баардык тармактардагы иш-аракеттери тууралуу жылдык жыйынды өткөрөт. Казакстандын тышкы иштер министри Канат Саудабаев болсо мүчө мамлекеттерге барып, алардын уюм менен кызматташтыгын талкуулайт.

Казакстандык расмий өкүлдөр постсоветтик мамлекеттер ортосундагы конфликттерди жөнгө салууда алардын мамлекети арачылык милдетти аркалап келатканын айтып жүрүшөт. Ноябрда тышкы иштер министри Саудабаев, мисалы, Казакстан ЕККУнун жетекчилигине келгенде азери-армян тараптардын ортосундагы Тоолуу Карабак проблемасы боюнча да активдүү иштей турганын айткан.

Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев Армения менен Азербайжанды эки ирет сүйлөшүүгө чакырып, мунаса табууга үндөгөн. 1991-92-жылдардагы ал аракеттеринен майнап чыкпады.

Казакстан ЕККУдагы жетекчилиги учурунда постсоветтик аймакта чечем деген маселелеринин бири грузин-орус алакаларына байланыштуу болушу да мүмкүн.

Дегинкиси, Казакстан дүйнөдөгү регионалдык коопсуздук боюнча эң ири бул уюмда аткарууга камынып жаткан иштери туурасында 14-январда Венадагы жыйында казак тышкы иштер министри Саудабаев кеңирирээк айтаары күтүлүүдө.

Б.Мамбетов: Түркмөнстан-Кыргызстан газ куурун курса болот

Базарбай Мамбетов

Иран жана Түркмөнстан президенттери эки өлкөнү бириктирген жаңы газ куурун ачышты. Толук ишке киргенде узундугу 182 чакырымдык куур түркмөн газын азыркыдан эки эсе көбүрөөк көлөмдө Иранга ташый баштайт.

Энергетика маселелери боюнча адис, Кыргызстандын мурдагы вице-премьер-министри Базарбай Мамбетов буга байланыштуу “Азаттыкка” маек курду.

Базарбай Мамбетов: Ар бир өлкө өзүнүн тегерегиндеги мамлекеттер менен саясий, экономикалык байланыштарды күчөтсө абдан жакшы жыйынтык болот экен. Жакында эле Ирандын президенти Тажикстанда болуп, тажик өкмөтү менен биргелешип куруп жаткан Сангтуда-2 деген ГЭСти кандай кылып иштетебиз, ошол ГЭСтен чыккан электр кубатынын канчасын, кантип Иранга алып барабыз деген сыяктуу энергетика боюнча көп маселелерди сүйлөштү.
Өзбекстандын газынын миң кубуна 245 доллар төлөө - бул абдан кымбат.


6-январда болсо Ирандын президенти Түркмөнстанга келип, көп жылдан бери бул өлкө менен биргелешип куруп жаткан газ түтүгүн ишке киргизүү тууралуу келишимге кол койду. Бул аябагандай чоң нерсе деп ойлойм.

Түркмөнстандын эң чоң көйгөйлөрүнүн бири – бул жер байлыктарын, өзгөчө газды сыртка алып чыгып, коңшу өлкөлөргө сатуу болуп эсептелет. Эки өлкөнүн ортосунда ишке берилип жаткан газ түтүгү - бул аябай чоң долбоор ишке ашты дегенди билдирет.

- Ирандын Түркмөн газы үчүн акы төлөө мүмкүнчүлүгү канчалык?

Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердимухаммедов жана Ирандын лидери Махмуд Ахмединежад
Базарбай Мамбетов:
Иран бай өлкө, Иран мунай боюнча чоң экспортер болуп эсептелет. Бирок Ирандын түндүк жагы газ менен начар камсыз болгондуктан түркмөн газын алып келүү долбоорун ишке ашырышты.

- Ал эми Кыргызстан өзбек газына көз каранды болбошу үчүн башка да мамлекеттерден газ алуу аракетин кылса болобу? Маселен, ошол эле Түркмөнстандан Кыргызстанга газ куурун курса кандай болот?

Базарбай Мамбетов: Мындай мүмкүнчүлүк албетте бар. Түркмөнстандан Орусия алып жатпайбы. Эгерде биз Орусия, Түркмөнстан менен жакшы мамиле түзсөк, ал түтүктөр менен Түркмөнстандан Орусияга, Орусиядан Өзбекстанга, Өзбекстандан Кыргызстанга канча кааласак ошончо алсак болот.
Түркмөнстандын эң чоң көйгөйлөрүнүн бири – бул жер байлыктарын, өзгөчө газды сыртка алып чыгып, коңшу өлкөлөргө сатуу болуп эсептелет.


- Эгерде мына ушундай жол менен түркмөн газын алсак, Өзбекстандан алып жаткан газдын баасына караганда арзаныраак болот беле?

Базарбай Мамбетов: Ооба, арзаныраак алмакбыз. Өзбекстандын газынын миң кубуна 245 доллар төлөө - бул абдан кымбат. Бул жөн гана Өзбекстандын Кыргызстанга экономикалык кысым көрсөтүү аракети деп бааласа болот.

- Маегиңизге рахмат.

“Абалың кандай, мигрант?”

Эл аралык кризистик топ Борбор Азия өлкөлөрүн эмгек базарын тез арада реформалоого чакырууда. Аталган уюм жакында жылдык баяндамасын жарыялап, анда дүйнөлүк кризистин айынан ишсиз калып, мекенине кайткан мигранттардын саны өскөнүн белгиледи.

Андай өлкөлөрдүн катарында уюм Кыргызстанды да атап, мигранттарды тосуп алуу үчүн камылгалар көрүлбөсө, Борбор Азия мамлекеттери туруксуздукка кирептер болушу ыктымал деп болжоду.

Брюсселде жайгашкан Эл аралык кризистик топ Кыргызстан, Тажикстан, Өзбекстандан келген миңдеген эмгек мигранттары дүйнөлүк каржы кризис айынан жумушсуз калып, мекендерине кайтууга мажбур болуп жатканын белгилейт.

Эл аралык кризистик топ Борбор Азия өлкөлөрүнүн лидерлерине мекенине кайткан мигранттарды колдоо ирээтинде социалдык программаларды ишке ашыруу боюнча сунуш киргизди. Мындан тышкары уюм аймактагы лидерлерди өз өлкөлөрүнүн экономикасын көтөрүп, коррупцияны жоюу боюнча тезинен иш-чараларды көрүүгө чакырды.

“Чабал инфраструктурасы жана Ооганстанга жакын жайгашкандыгы үчүн аймакта бейстабилдүүлүк азыртадан эле байкала баштады” деп белгилейт Эл аралык кризистик топ.

Мигранттарга радикалдык топтор кызыгат


Уюм ошондой эле мекенине кайтып, бирок социалдык жактан коргоого алынбаган эмгек мигранттарды радикалдык маанайдагы диний топтор өз максатында колдонуп коюу ыктымалдыгы бар экендигин эскертет.
Жумушсуз калган кыргыздар эле бирин-бири тоноп, акчасын алып, “телефонуңду берип тур” деп качып кетүүдө.


Жергиликтүү серепчи Кадыр Маликов мындай коркунуч бар экендигине кошулат.

- Кыргызстандагы рынок мамилелери социалдык акыйкатсыздыкка алып келди. Бул бара-бара радикалдашууга алып келбесе эле болду. Анткени жакыр адамдар социалдык-экономикалык акыйкатсыздыкка жооп издеп, аны радикалдуу топтордон да табышы мүмкүн. Мындай топтор бул жагдайда аларды өзүнө оңой тартып алышы ыктымал.

Кыргыз өкмөтү быйыл мигранттарды тосуп алуу камылгаларын көрүп, кризис шартында эмгек менен камсыздоо боюнча 2010-2012-жылдарга эсептелген план иштеп чыккан. Өкмөт бул план аркылуу мигранттарды барган жеринде колдоо, кайтып келген мигранттарды жумушка орноштуруу, эмгек миграциясынын географиясын диверсификациялоону караштырат.

Анткен менен айрым эл аралык уюмдун өкүлдөрү бул аракеттер маселени чечүүдө жетишсиз болорун белгилешет.

Аракеттер бар...бы?

Эл аралык эмгек уюмунун Кыргызстандагы улуттук координатору Болот Ороков кризистин эпкини менен ишсиз калган мигранттарды колдоо боюнча “Иш орундары боюнча глобалдык Пакт” деген документ иштелип чыкканын жана ал өкмөткө сунуш ирээтинде жолдонгонун билдирет.

Бул документте жалаң эле Орусиядан же Казакстандан келаткан мигранттарды эмес, жергиликтүү жумушсуздарды да иш менен камсыздоо боюнча сунуштар камтылган.

- Бул комплекстүү алып карай турган нерсе. Өкмөт иш менен камсыздоо боюнча бардык чараларды жалгыз өзү көрө албайт. Кыргызстанда социалдык диалог уюштурушубуз керек. Иш берүүчүлөр, жумушчулар бар. Ириде ушулар тил табышышы керек. Биздин уюмдун бир тажрыйбасы бар. Глобалдык каржы кризис өтүп кеткенден кийин 4-5 жылдан кийин гана иш менен камсыздоо кризиси жабылат.

“Заманың бөрү болсо, бөрү бол”

Чолпонкул Кадыров Москвада көчө шыпырып иштегенине 5 жыл болду. Ал соңку кезде ишсиз калган мекендештери көбөйүп баратканын айтып кейиди:
Иликтөөнүн натыйжасында акча которуулар эки эсеге азайды деген жыйынтыкка келдик.


- Бул жакта чындап эле бардыгы жумуштан бошоп жатышат. Кризис таасирин берип эле атат. Иш орундары кыскарып, көбү Кыргызстанга кетип атат. Мен билгенден бул жерде кыргыздар көбүнчө үйлөрүндө отурушат. Жумуштары жок. Ишине барып “айлыктарыбызды бергиле” деп отурушат экен. Жумушсуз калган кыргыздар эле бирин-бири тоноп, акчасын алып, “телефонуңду берип тур” деп качып кетүүдө.

Айрым адистер 2009-жыл чет жерде иштеген кыргыз мигранттары үчүн оор жылдардан болгонун айтып, дүйнөлүк каржы каатчылыгы Кыргызстанга дал ошол мигранттар аркылуу таасирин тийгизгенин белгилеп келишет.

Жакында эле Кыргызстандын Улуттук банкы да кыргыз мигранттарынын өз мекенине жөнөткөн каражаттын көлөмү дээрлик отуз пайызга кыскарганын билдирди.

Бирок кризис шартында Орусиядагы мигранттар маселесин жалпы улуттук изилдөөгө алган ЕККУнун Бишкектеги кеңсеси бул көрсөткүч дээрлик эки эсеге түшкөнүн билдирет.

Социалдык жарылууга канча калды?

Долбоорду ишке ашыргандардын бири - ЕККУнун Бишкектеги кеңсесинин экономика бөлүмүнүн ага ассистенти Жоомарт Ормонбеков 2009-жылы жүргүзүлгөн бул иликтөө жыйынтыгы тууралуу “Азаттыкка” буларды билдирди.
Кайтып келген адамдардын 60% кризис бүтөөрү менен иштегени сыртка кайра кетүүгө даяр турушат.


- Иликтөөнүн натыйжасында акча которуулар эки эсеге азайды деген жыйынтыкка келдик. Биздин жыйынтык азыр башка эл аралык уюмдар аркылуу да тастыкталып атат. Алалы, Эл аралык Миграция уюму, Дүйнөлүк Банк да ушундай сандарды келтирүүдө.

Жоомарт Ормонбековдун билдиришинче буга чейин көптөгөн изилдөөлөр кризис шартында мигранттар мекенине массалап кайтып жатат деген көрсөткүчтөр чындыкка дал келбейт.

- Орусия, Казакстандагы эмгек мигранттарынын 10-15% эле кайра катып келишти. Бирок бул кайтып келген адамдардын 60% кризис бүтөөрү менен иштегени сыртка кайра кетүүгө даяр турушат. Буга чейинки иликтөөлөрдүн жыйынтыгы чындыкка дал келбей калды. Кризис эмгек мигранттарынын кайтып келишине анчалык деле таасир берген жок.

Ошентсе да сырттан келген каражаттын көлөмү азайганы менен, кыргыз бийлиги кооптонгондой мигранттар массалык түрдө өлкөгө кайтып келишкен жок. Адистер мындай учурда өлкөдө жумушсуздук күч алып, Кыргызстанда социалдык жарылуу болот деп коңгуроо кагышкан.

"Азаттыктын" архивинен: Мигранттардын азап менен табылган акчасы

Дүйнөлүк экономикалык кризис үй-бүлөсүнөн узак бозгунда иштөөгө аргасыз болгон миллиондогон мигранттарды дагы кыйын абалга салды. (ZMA)

Мигранттардын азап менен табылган акчасы
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:23 0:00

Түркмөн-иран газ кууру жана анын келечеги

Иран президенти Махмуд Ахмединежад (солдо) менен түркмөн лидери Гурбангулы Бердымухамедов.

Бүгүн Марыда Түркмөнстан менен Иран ортосунда экинчи газ кууру ишке берилет. Анын узундугу 180 чакырым. Жаңы куур аркылуу түркмөндөр коңшулаш ирандыктарга "көгүлтүр отун" жөнөтүүнүн көлөмүн көбөйткөнгө ниет кылууда.

Иран 1997-жылдан бери эле Көрпеже-Курт тутумундагы куур аркылуу түркмөн газын алат. Экинчи куурдун курулушун тараптар былтыр жайда Ашхабадда макулдашкан. Ал Довлетабаддагы эң ири газ кенин Серах, андан ары Хангеран менен туташтырат.

Жаңы куур аркылуу түркмөндөр ирандыктарды адегенде жылына 14 миллиард кубометр газ менен камсыз кылууну, курулуш толук кубатта иштей баштаганда "көгүлтүр отундун" көлөмүн 20 миллиард кубометрге жеткирүүнү көздөп жатышат.

Курулуштун ишке берилишин президент Гурбангулы Бердымухамедов өлкөнүн отун-энергетика комплексин өнүктүрүү багытындагы ири кадам катары мүнөздөдү. Бүгүн ал Марыда иран президенти Махмуд Ахмединежад менен бирге жаңы газ куурунун ачылышына катышат.

Түркмөнстан ушу тапта жылына 80 миллиард кубометр газ өндүрөт. Быйыл Кытайга 40 миллиард, Россияга 30 миллиард кубометр "көгүлтүр отун" сатуу планы бар.

Стамбулдагы соода университетинин эл аралык мамилелер боюнча профессору Надир Девлет жаңыдан ачылганы жаткан куур Түркмөнстанга өз газын экспортко чыгарууда Россиянын көзүн карабай, теңтайлаш жолдорду тапканга шарт түзөт деп эсептейт.

Иранга болсо мунун эки бирдей пайдасы бар. Бир жагынан Тегеран Каспий алабында болжолдонуп жаткан болочоктогу долбоорлорго, келечекте Казакстандан газ тартып өтүүнү көздөгөн пландарга кошулганга, бул иштерге өз таасирин көрсөткөнгө мүмкүндүк алат. Экинчи жактан өзүнүн атом программасына байланыштуу карышкан позициясынан улам кокус жакынкы аралыкта эл аралык санкцияларга кабылса, анын капшабын аймактагы коңшулар эсебинен жумшартканга үмүт кылат.

Деген менен профессор Девлет регионалдык мамыр-жумур мамилелерге Иран азырынча анчейин даяр эместигин да белгиледи. "Жаңы түзүлгөн ушул келишим аркасында Иран өзүнүн коңшулары менен алакасын арттыргысы келет",- дейт Девлет.

Иран-түркмөн кызматташтагы жалпы региондогу мамилелерге түрткү бериши да ажеп эмес. Өткөн жылдын күзүндө иран гезиттери Тегеран менен Анкара ортосунда жаңы долбоорлор камдалып жатканын, алардын ичинде түркмөн газын Ирандан ары Түркияга тартып өтүү планы да бар экенин жазып чыгышкан. Муну менен алар Евросоюз активдүү сүрөп жаткан Nabucco газ долбооруна кошулганга Ирандын ниети бар экенин кыйытышкан.

Жылдын дайындоосу: М.Бакиевдин жылдызы жанганда

Максим Бакиев

2009-жылы жаңы кызматка дайындалып, зоболосу арткандар көп болду. Алардын арасынан президент Курманбек Бакиевдин кичүү уулу Максим Бакиевдин триумфалдуу түрдө “ак үйгө” келишин баса айтса болот. “Азаттыктын” респонденттери дал ушул фигураны баса белгилешүүдө.

Президент Курманбек Бакиевдин кичүү уулу Максим Бакиевдин аркасынан ал бийликке келе электе эле көптөгөн кеп-сөздөр эрчип жүрчү. Оппозиция өкүлдөрү ошондо эле Кыргызстанда кыбыр эткендин бардыгын президенттин кичүү уулу башкарып калганын, өлкөдөгү бир дагы ири инвестициялык, бизнес долбоорлору ансыз өтпөй турганын айтып, кыйкырып калышчу. Бийлик өкүлдөрү андай сөздөрдүн бардыгын түккө турбаган нерсе, ушак катары баалашып, президент үй-бүлөлүк башкарууга жол бербей турганын айтышчу. Президенттигинин алгачкы мезгилинде бир курдай К.Бакиев үй-бүлө мүчөлөрүн бийликке аралаштырбай турганын, кичүү уулу тууралуу айтылгандар ушак экенин, Максим Бакиев чет өлкөлөрдө бизнесин кылып тынч жүргөнүн айтканы бар.


Бирок былтыр 29-октябрда президент Курманбек Бакиевдин жардыгы менен Максим Бакиев Кыргызстандын Өнүктүрүү, инвестиция жана инновациялар боюнча борбордук агенттигинин жетекчиси болуп дайындалды. Дал ушул дайындоодон кийин бийликте “непотизм” илдети өрчүп кеткени, өлкө биротоло бир үй-бүлөнүн менчигине айланганы катуу айтыла баштады.

Маким Бакиевден мурда эле президенттин бир туугандары ар кыл мамлекеттик кызматтарга келип калышкан болчу. Маселен, президенттин бир тууган иниси Жаныш Бакиев Мамлекеттик күзөт кызматынын башына, бир иниси Марат Бакиев Кыргызстандын Германиядагы элчилигинин башына, дагы башка иниси Адыл Бакиев Кыргызстандын Кытайдагы элчилигине барып калган. Президенттин дагы башка бир тууганы Каныбек Бакиев Сузак районундагы Ырыс айылдык округун башкарып келатат. Ал эми президенттин өз үй-бүлөсүнөн улуу баласы Марат Бакиев Улуттук коопсуздук кызматынын жетекчи орун басары кызматын ээлеп келет.

Айрым талдоочулардын айтымында, булардын кызматта отурганы бир тең, Максим Бакиевдин бийликке келиши бир тең болду. Анткени, М.Бакиев башында турган Өнүктүрүү агенттиги иш жүзүндө премьер-министрди баш кылып баарын башкара турган күчкө ээ болуп калды.

М.Бакиевдин дайындалышы, баш мыйзамдын бузулушубу?

Кимиси тууганы, кимиси иниси болсо дагы, кимиси кайсы жакта иштесе дагы, биз алардын кылган ишине карашыбыз керек. Б.Абдрасаков


Президент өз уулун ири кызматка алып келип, баш мыйзамды бузган кадам жасаганы да көп айтылды. Президенттин мамлекеттик башкарууну реформалоо саясатынын негизинде түзүлгөн Өнүктүрүү, инвестиция жана инновациялар боюнча борбордук агенттиги учурда иштеп аткан баш мыйзамда жок орган. Бийлик оппоненттеринин айтымында, мындай болгон соң М.Бакиевдин кызмат орду да эч кандай мыйзамга дал келбейт. Анын үстүнө Эмгек кодексинде да чоң кызматта тургандар өзүнө түз баш ийген кызматтарга жакындарын алып келбеши керектиги жазылган.

Ал эми бийлик өкүлдөрүнүн айтымында, бул жерде М.Бакиевдин президенттин уулу болгондугу эмес, анын профессионалдык деңгээлинин жогорулугу, өлкө келечеги үчүн пайдасы маанилүү.

“Ак жол” фракциясынын мүчөсү Ажыбай Калмаматов “Азаттыктын” суроолоруна жооп берип, башкарууну реформалап алгандан кийин деле баш мыйзамды тууралап койсо болорун айтып, кыйла катуу сынга кабылган. Ал эми ушул эле фракциянын дагы бир мүчөсү Бейшенбек Абдрасаков болсо, анын президенттин уулу экендиги эмес, мыкты адис экендиги маанилүү экендигин айтат:

Бейшенбек Абдрасаков

- Кимиси тууганы, кимиси иниси болсо дагы, кимиси кайсы жакта иштесе дагы, биз алардын кылган ишине карашыбыз керек. Туугандыгына карабашыбыз керек. Адистигине, ишине, тажрыйбасына карашыбыз керек.

Бириккен элдик кыймылдын саясий кеңешинин мүчөсү Эмил Каптагаевдин пикиринде, президенттин өз уулун кызматка алып келиши, өлкөнүн жогорку бийлигин укум-тукумуна калтыруу аракети жүрүп атканын ачык көрсөтүп койду:

- Муну биз башынан эле айтып келатабыз. Өлкөдө азыр бир үй-бүлөнүн жеке бийлиги орноду. Бакиевдер мамлекеттик бийликти басып алды. Мына ошол мамлекеттик бийликти Бакиевдердин укум-тукумуна калтыруу максатын көздөгөн кадамдардын бир көрүнүшү – бул баласын дайындаганы. Мына баласынын азыркы кызматы конституцияда дагы, башка мыйзамдарда да жок кызмат. Президент өзү колун коюп, ант берген баш мыйзамды аттап, тебелеп-тепсеп, өзүнүн баласын мамлекеттеги экинчи даражадагы кызматка койду…

Президент К.Бакиев мурда үй-бүлөлүк башкарууга жол бербесин бир курдай айтып, убадаларын берип келген. Оппозиция күчүнө толуп турган 2006-жылы президент УТРКга интервью берип атып, өзү же үй-бүлөсүнүн кызыкчылыгы үчүн өлкө кызыкчылыгына каршы келген иштерге жол бербесин айткан эле:

- Президенттин баласы турат, тигиниси турат, мунусу турат десе, ушуга ишенгендер да бар экен. Булар ойлоп атышса керек, дагы эле баягы Акаедин мезгилиндей деп. Менин балдарым, эч качан Кыргызстандагы майда болобу, чоң болобу, бир дагы бизнеске аралашпайт. Кимдедир менин балдарымды ушинтип айтып, чоң баласы, кичүү баласы дегендерге такыр ишенбеш керек. Мен дагы мындан кийин эч качан өзүм үчүн же үй-бүлөм үчүн кандайдыр бир кызыкчылыктарга барып, жаман иштерди кылганга эч качан барбайм, шарт түзбөйм дагы…

Курманбек Бакиев

Ошол айткандарынан үч жыл өтпөй президент өзүнө түз баш ийген кызматтарга өз уулун, туугандарын алып келгенге жетишти. Алардын ичинен эң эле таасирлүүлөрү - жогорку өкмөт атка конгон Өнүктүрүү агенттигинин жетекчиси М.Бакиев жана Улуттук гвардияны да кол алдына алууга багыт алып калган президенттин бир тууган иниси, Мамлекеттик күзөт кызматынын жетекчиси Жаныш Бакиев.

Domino effect

Саясат таануу илиминде “домино теориясы” же “домино эффекти” аттуу түшүнүк бар. Ал түшүнүк боюнча бир маанилүү окуя кудум домино жыгылган сыяктуу жанындагылардын бардыгына таасирин тийгизиши мүмкүн. Андыктан, президенттин өз уулун ири жетекчилик орунга алып келиши, дегеле ага-туугандарынын көбү чоң кызматтарда отурганы башка жетекчилерге да таасирин тийгизип, аким, губернатор, министрлер да урук-туугандарын айланасына топтой баштабас бекен дегендей чочулоолор бар.

Ошол М.Бакиев бекитилген күндөн баштап оппозиция дагы кайрадан өз нугуна түшө баштады. Эл дагы көрүп атат абал каякка кетип баратканын. Т.Акеров


Саясий серепчи Табылды Акеровдун пикиринде, президент өз уулун өлкөдөгү эң чоң кызматтардын бирине алып келип бир чети мыйзамдарга каршы иш кылса, экинчи жагынан моралдык-этикалык жактан туура эмес өрнөк көрсөтүп койду:

- Кыргызстандын президенти мыйзамдарды бузду дагы, өз уулун өзүнө баш ийген тармактын жетекчиси, өзүнөн кийинки киши кылып коюп алды.

Маселен буга чейин Марат Кайыповду Адилет министрлигинен алып салган эле президент. Себеп дегенде өзүнүн курсташтарын, туугандарын, жердештерин жумушка алып алыптыр деп. Дагы башка бир катар жетекчилерди ушундай негиз менен кызматтан алган. Ал эми бул жолу болсо эмнегедир өзүнүн уулун алып келип, мамлекеттеги экинчи даражадагы кызматка коюп алды. Бул деген мамлекеттин мыйзамдарын, Кыргызстандын элин сыйлабастыкка жатат.

Табылды Акеров

Ошондой эле серепчи Т.Акеровдун баамында, М.Бакиевдин чоң кызматка дайындалышы менен өлкөнүн саясий айдыңы кыйла жандана түштү. Бир чети оппозиция жанданып, 2005-жылдагыдай эл арасында үй-бүлөлүк башкаруу тууралуу кеп-сөздөр күчөдү. Ал эми серепчи айрым чөйрөлөрдө айтылып келаткандай, “Бакиевдин учурунда экономика өсүп, ГЭСтер курулуп атат” деген сыяктуу сөздөргө мындайча жооп берди:

- Албетте, Кыргызстанды өнүктүрүш, өстүрүш үчүн жеке эле Бакиевдердин урук-туугандары эмес, жалпы кыргыз эли аракет кылып атат да. Жалпы кыргыз эли жеңишке жетиш керек да. Мына ушундай негизде кетиш керек да. Бизде болсо тилекке каршы андай болгон жок. Ошол М.Бакиев бекитилген күндөн баштап оппозиция дагы кайрадан өз нугуна түшө баштады. Анткени эл дагы көрүп атат абал каякка кетип баратканын. Ошондуктан абал кайрадан баягы митингилик мезгилдерге жакындап баратат. Анткени тарифтер, баалар да көтөрүлүп кетти…

Ошентип, кайсы бир чиновник непотизмге жол берип, үй-бүлө мүчөлөрүн айланасына топтой баштаса аларды тыйганга жогорку жетекчиликтин моралдык укугу азая түштү.

Жаш реформаторлор келатабы?

Коомчулукта Максим Бакиевдин бийликке келиши “учурдун талабы” болчу дегендер да бар. Андай ойду айткандардын пикиринде, президенттин уулу жаш, жаңыча ой жүгүрткөн, жаңы формациядагы менежер. Анын үстүнө ал өзү сыяктуу жаш, билимдүү кадрларды айланасына топтоодо. Андыктан М.Бакиев башында турган “жаш реформаторлор” жакынкы арада өлкө экономикасын кыйла эле оңдоп коюулары мүмкүн.

“Ак жол” фракциясынын мүчөсү, депутат Бегалы Наргозуевдин айтымында, М.Бакиевдин бийликке келиши көптөгөн үмүттөрдү жандырды:

Бегалы Наргозуев

- Мага бул дайындоо кандайдыр бир үмүттөрдү берип атат да. Элибиздин жашоо деңгээлинин өсүшүнө жакшы пайдасы тиеби деген үмүттөрдү жандырып атат. Себеби министрликтерге кандай гана акча келбесин, кандай гана акчалар өнүктүрүү бюджетине бөлүнбөсүн, ошол акчалар ар түрдүү коррупциялык аракеттердин натыйжасында кумга сиңген суудай жок болуп, жыйынтыгы чыкпай жатчу эле. Азыр бул дайындоонун негизинде менин оюмча Максим Курманбекович иштин жыйынтыгына кызыкдар киши катары ар бир тыйын эсебинде болот. Мен ойлойм, бул киши жаш жетекчи катары жыйынтыкка кызыкдар. Анын негизинде коррупцияга бөгөт коюлуп, кийинки жылдары элдин жашоосунун оңолушуна жардам береби деген чоң үмүт менен отурам. Менин оюмча биздин элдин жашоо-жыргалчылыгына алып келчү дайындоо деп эсептейм.

“Ак шумкар” партиясынын лидери Темир Сариевдин айтымында, М.Бакиевдин бийликке келиши менен өлкө экономикасын алдыга сүрөй турган эмес, тескерисинче өлкөнү артка тарта турган жагдай пайда болду. Ошондой эле президент өз уулун өзүнөн кийинки жогорку орунга алып келип, жалпы коомго чакырык таштады. Ал чакырык - “мыйзамыңды да сыйлабайм, өзүм каалагандай болот” деген чакырык дейт ал:

Темир Сариев

- Президент – коомго атайын чакырык жасады. “Мен мобундай кылып коём, ушундай болот. Мыйзамыңды, конституцияңды да сыйлабайм. Бул менин оюм”,- деп уулун коюп койду. Бул – коомго, мыйзамдарга каршы чакырык. Албетте мындайды көргөндөн кийин аким, губернатор, министрлери ушинте баштаса, мыйзамды буза башташса кантип айтат ал, “өз иниңди же балаңды алып келбе” деп. Ошондой боло баштаса эч кимдин моралдык укугу жок болот аларды тыйганга. Анткени президент өзү үлгү көргөзүп атат.

Баары план боюнча баратабы?

Айрым талдоочулар эртели-кеч М.Бакиев бийликке келмектигин, керек болсо ал кийинки президент болуп калуусу толук мүмкүндүгүн, эгер ал жарабай калса башкы бийликти Бакиевдердин бирөөсү кармап кала тургандай абал жаралып келатканын, башынан бардыгы ушундай пландаштырылганын айтышат.

2005-жылы бийлик алмашкан маалда мурдагы президенттин эсепсиз байлыгы боюнча атайын комиссия иштеп, өлкөдөгү кирешелүү тармактардын бардыгы Акаевдердин колунда болгону айтылган. Ошондо А.Акаевдин миллиондорун таптырам деп вице-премьер-министр болуп турган Данияр Үсөнов чет элдик адвокат Эдвард Либерманга өз чөнтөгүнөн 500 миң доллар берип, бирок анын дайыны чыкпай калган. Мындай болгонун кийинчерээк мурдагы премьер-министр Феликс Кулов айтып чыккан. Ошол маалда Башкы прокурор болуп турган Азимбек Бекназаров да мурдагы президенттин мүлкү боюнча иштерге киришип, кийин кызматтан алынган.

“Мен мобундай кылып коём, ушундай болот. Мыйзамыңды, конституцияңды да сыйлабайм. Бул менин оюм”,- деп уулун коюп койду. Темир Сариев

Мурдагы президенттин байлыгы боюнча иштердин тынчып калышын, ал мүлктөрдүн кайра бөлүштүрүлүшү менен байланыштырышкан. Оппозиция өкүлдөрүнүн айтымында, ал жерде негизги ролду дал ушул М.Бакиев ойногон. Ошол 3-4 жылдан бери президенттин кичүү уулунун ар кыл бизнеси, өлкө экономикасын көмүскөдөн башкарары тууралуу толгон-токой сөздөр айтылды.

Бир курдай анын Орусия издөө салган олигарх Борис Березовский менен байланышы бар экенин, ал тургай Б.Березовский Кыргызстанга жашыруун келип кеткенин айтышкан. Бирок кийин М.Бакиев “Время новостей” басылмасына интервью берип, Б.Березовский менен байланышы жоктугун, ал Кыргызстанга келбегенин айткан.

Евгений Гуревич


Кийин аны “MGN Gorup” компаниясындагы өнөктөштөрү менен өлкө экономикасын өз кызыкчылыгына иштетип атканы үчүн да айыпташты. Аты аталган компания өлкөнүн бир катар стратегиялык тармактарынын активдерин Өнүктүрүү фонду аркылуу башкарууга жетишкен эле. “MGN Gorupтун” алдындагы “MGN Asset Management” компаниясы “Манас” аэропортунун, “Кыргызгаздын”, “Түндүкэлектро”, “Түштүкэлектро”, “Кыргызтелеком”, “Ошэлектро” сыяктуулардын кыйла акциясын башкарууга алган.

“MGN Gorupтун” башкы директору Евгений Гуревич болсо, президенттин уулу менен тааныштыгы жок экенин, Кыргызстанда өз күчтөрү менен эле кыска аралыкта чоң ийгиликтерге жетишкенин айтат. Муну ал “Азаттыктын” суроолоруна жооп берип жатып ырастаган. Айтмакчы “MGN Gorupту” М.Бакиев, Е.Гуревич жана М.Надель үчөө курушканы, “MGN” деп дал ушул үчөөнүн ысымдарына байланыштуу аталып калганы да айтылат (Максим – M, Гуревич – G, Надель - N).

М.Надель башкарган “АзияУниверсалБанктын” директорлор кеңешинде да ошол эле Е.Гуревич, А.Елисеевдердин жүргөнү көп нерседен кабар берип турат.

Эми Өнүктүрүү агенттиги иш жүзүндө өлкөнүн бүтүндөй экономикасын, анын ичинде “MGN Gorupка” байланыштуу долбоорлордун бардыгын башкарууга алмакчы. Ал эми М.Бакиев менен башынан келаткан А.Елисеев сыяктуулар чечүүчү кызматтарга барып отурушту.

Ушул сыяктуу ой жоруулардан улам М.Бакиев башынан эле абдан пландуу түрдө өз командасы менен бийликке келүүнү көздөгөнбү деген ой жаралат. Ошол эле “MGN Gorupка” карайт делген “Flexi Communications” компаниясы былтыркы президенттик шайлоодо К.Бакиевдин үгүт иштерин колго алып, эч кандай ысымы жок эле Бакиев деген фамилияны ийгиликтүү түрдө коомго сиңирүүгө аракет кылды. “Бакиев, накта президент!”, “Албетте Бакиев!” деген сыяктуу ураандардын жер жайнап кетиши, ошондо эле бардыгы план боюнча баратканын көрсөткөн дешет.

Борбор Азия: Билим үчүн узак жарыш

Умед үй-бүлөсүнүн үмүтүн актайын деп жүргөнүн айтты

Умед Саидов былтыр АКШга окууга тапшырды. Америкадагы университеттерде окуу өтө кымбат болгондуктан, студенттердин чыгашасын тажик өкмөтү көтөрбөйт. Ошол эле учурда Казакстандан өкмөттүк программанын жардамы менен келгендердин саны жыл санап өсүүдө.

Былтыр жазында 23 жаштагы тажикстандык Умед Саидов Кошмо Штаттарына бир башкы максат менен келген – англис тилин үйрөнүш керек эле.

Бул жөндөмү өз мекенинде жакшы жумуш таап, үй-бүлөсүнө көмөк болгонго жардам болот.

“Эң башкысы мен англисче так сүйлөгөндү үйрөнүшүм керек, - дейт ал. – Эгер бул тилди жакшы билсем, Тажикстанда дурус ишке орношо алам. Бул – чоң плюс”.

Өзүнүн ысмы да “үмүттү” түшүндүргөн Умедден азыр чындап эле үй-бүлөсү көптү күтөт. Баласына Америкага виза алып берели, Сиэттлде жашаганга акча жетсин деп, ата-энеси автоунаасын сатышты.

АКШда индиялык, кытайлык студенттер топ-тобу менен жүрүшөт. Ал эми Умед, Борбор Азиядан барган башка студенттердей эле, өзүн обочодо калгандай сезген учурлары көп эле болот экен. Анткени алар аз. Бирок 2005-жылдан бери абал бир топ эле өзгөрүптүр, региондон келген студенттердин саны эки эсеге жогорулап, азыр 3200 жетиптир.

Мисалы, 2009-жылдын өзүндө эле Тажикстандан 342 студент Америкага окууга кеткен. Алардын көпчүлүгү окуусуна эле эмес, күнүмдүк чыгашаларына, жатакана, тамак-ашына да өз чөнтөгүнөн төлөйт. Америкада чет өлкөлүк студенттерге көпчүлүк жерлерде иштегенге тыйуу салынган. Ошондуктан тажиктер мыйзамсыз мигрант катары жүргөнү да кездешет. Акыркы үч жылда 60 тажик студенти мыйзамсыз иштегени үчүн кайра мекенине депортацияланды.

Бурхон Мирзоалиев – Тажикстандын Вашингтондогу элчилигинин консулу: “Студенттер бул жакка өз алдынча келишет да көпчүлүк учурда жумушка орношуп алышат. Анткени жашоо өтө эле кымбат. Бирок студенттерге өздөрүнүн окуу жайларында гана 20 сааттан ашпаган убакытка иштегенге уруксат берилген. Ошондуктан алар уруксаты жок ишке кирип алышат да, проблема башталат”.

Умед деле азыр бир иш таап, кичине болсо да тыйын-тыпыр кылып алып, анан Душанбеге кайтам деп турат. Анткени ата-энесинен 5000 доллардай акча алып келген. “Куру кол барсам болбойт”, - дейт.

Тажик өкмөтү Умедге окшогон жарандарына четте окуганга акчасын төлөп бере албайт. Бирок Борбор Азиядагы Казакстанда мамлекеттик “Болашак” окуу программасы мына ушул максатта иштеп келатат.

Мунайга бай Казакстан дал ушул “Болашак” программасынын алкагында жылына 1000 студентти чет мамлекеттердеги мыкты университеттерге жиберет. Былтыр болсо буга чейин көрсөткүчтөрүн артта калтырып, расмий Астана Американын өзүнө эле 1714 студентти окууга жөнөттү.

Вашингтондогу казак элчилигинин өкүлү Жанболат Усеновдун айтымында, “Болашак” ал студенттердин окуусу бүткөнчө бүт чыгашасын көтөрөт. Студенттер болсо билим алып, кайра мекенине кайтышы керек да, жок эле дегенде, беш жыл өз мамлекетине иштеп бериши шарт.

“Аларды Казакстандагы көп компаниялар өздөрүнө ишке алганга аябай кызыкдар. Анткени алар мыкты даярдыктан өтүшкөн, билими жакшы. Бул студенттер каерге барышпасын, алдыңкы катарда болушат. Бизнестеби, өкмөттөбү – аны өздөрү тандашат”, - дейт казак элчилигинин өкүлү.

АКШда окууга өтүп жаткан борбор азиялыктардын арасында Өзбекстандын жарандарынын саны да өсүп баратканы айтылууда. Былтыр жалпысынан 688 өзбек жараны Америкага окуйм деп келди.

"Азаттыктын" архивинен: Адамдын күчү - билимде

Жаштардын “Азаттык+” сыналгы көрсөтүүсүнүн кезектеги чыгарылышы мектептердеги билим берүүнүн деңгээлине жана реформаларга арналды.

"Азаттык+": Адамдын күчү - билимде
please wait

No media source currently available

0:00 0:11:49 0:00

Кыргыз-өзбек чек арасын аныктоо иштери кайра жанданат

Баткендеги кыргыз-өзбек чек арасы. Өзбекстан ушинтип расмий тааныла элек чек араны тосуп алган.

Кыргыз-өзбек өкмөттөрү узап кеткен 2009-жылдын этегинде эки жылдай токтоп калган чек ара тактоо иштерин кайра жандантууну макулдашты. Ага ылайык мындай сүйлөшүүлөр ушул жылдан тарта кайра уланмакчы.


Токтогон сүйлөшүү, узакка ойлонгон кошуна

Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы чек ара тилкелерин аныктоо боюнча өкмөттүк комиссиялардын акыркы отуруму 2008-жылдын ноябрь айында болгон. Ошондон бери тараптар бул маселе боюнча жолугуша элек. Бирок ага чейинки акыркы сүйлөшүүлөр деле “ташбака жүрүш” менен жүрүп, жолугушууларда болгону 2-3 чакырым аралык такталса такталып, болбосо ал да жок болуп калган учурлар көп болгон.
Биз сүйлөшөлү деген ойдо болдук, бирок өзбек тарап ойлонуп туруп алды. С. Аламанов

Сүйлөшүүлөр токтоп калышын кыргыз өкмөтүнүн регионалдык маселелер боюнча бөлүмүнүн башчысы Саламат Аламанов мындайча түшүндүрөт:

- Токтоп калганын себеби – сүйлөшүүлөрдө пикирлердин ажырымы чоң болгондуктан, дагы бир жолу ойлонолу деген маселе болду окшойт. Эми биз кошуналарды чакырып сүйлөшөлү деген эле ойдо болдук, бирок алар көбүрөөк ойлонуп туруп алды.
Саламат Аламанов

Канткен менен узап кеткен жылдын этегинде кыргыз өкмөт башчысы Данияр Үсөнов баштаган топтун Ташкендеги сүйлөшүүлөрү учурунда бул маселе да козголуп, тараптар чек ара тактоо иштерин кайра жандантууну макулдашты.

- Буюрса, быйылкы жылдын апрелине чейин документтер боюнча иштеп, анан кайра практикалык жолугушуу иштерине киришебиз деп макулдашып келдик. Ошону протоколдоп, биздин премьер-министр менен Өзбекстандын биринчи вице-премьери кол коюп, макулдашты, дейт кыргыз өкмөтүнүн регионалдык маселелер боюнча бөлүм башчысы Саламат Аламанов.

Чиеленген чек ара, кыйналган эл

Бул эки өлкө ортосунда чек ара тактоо иштери мындан 10 жылдай мурда башталган. Ошондон бери 1300 чакырымдан ашуун келген чек ара тилкесинин 994 чакырымы такталган. Маселе ортодогу талаштуу делген жерлерге келгени минтип жылбай турат.

Бул иштин минтип узакка созулушу өзгөчө чек ара аймактарында жашаган калкты кошумча түйшүккө салып, ага башка маселелер да кошул-ташыл болуп кетип жатканын Баткен райондук кеңешинин депутаты Карамат Орозова айтат:
Чек ара такталмайынча башка көптөгөн маселелер да чечилбейт экен.
К. Орозова

- Чек араны тактоо иштери тезирээк жүргүзүлүп, аягына чыкпаса чынында бул жердеги элге кыйын болууда. Анын үстүнө чек ара маселесине башка маселелер да кошулуп кетип атат. Кошуна эки элдин ортосундагы ынтымактын бузулушуна да алып келген учурлар жок эмес. Чек ара аймактарындагы элде Жалал-Абаддагы Чек айылындагыдай маселе бизде да чыгып калбаса экен дегендей кооптонуулар да жок эмес. Эми чек ара такталмайынча башка көптөгөн маселелер да чечилбейт экен.

Чек аралардын такталбашы эки мамлекеттин ортосунда ар кандай араздашуулар пайда болушуна да түрткү бериши мүмкүн. Саясат таануучу Орозбек Молдалиевдин пикиринде, бири-бирине жогорку ишенимдеги кошуна өлкөлөр адегенде чек араларын тактап, андан кийин гана мамилерин өркүндөтүүгө өтөт. Болбосо такталбаган чек ара, талаштуу жерлер эки тараптуу мамилеге ар качандан бир качан тоскоол болушу ыктымал:
Эми эки тарап тең маселе чечкенге даяр болушу керек, болбосо маселе дагы деле созулгандан созула берет.
Орозбек Молдалиев

- Эми тараптардын сүйлөшүүлөрдү кайра жандандыралы дегени жакшы. Бирок кыргыз тарап да, өзбек тарап да маселени чечкенге даяр болушу керек. “Бул жерди мен алам, бүттү” деп тура бергенден маселе чечилбей, созулгандан созула берет. Анан ал ортодо чыр-чатактар чыгып кетишине чейин алып келиши мүмкүн. Ошондуктан тараптар келишип, мунаса табуу аркылуу чечпесе маселе чечилбей созула берет.

Ошентип кыргыз-өзбек өкмөттөрү токтоп калган сүйлөшүүлөрдү быйылкы жылдан тарта кайра жандантууга белсенип турушат. Бирок бул иштердин дагы канчага созулаары белгисиз бойдон.

Чиеленген чек ара, кыйналды калк бечара
please wait

No media source currently available

0:00 0:07:48 0:00

Тажикстан: Кыйналган калк, силкинген жер

Тажикстандагы жер титирөөгө байланыштуу тажикстандык кыргыз жазуучу жана журналист Мирзохалим Каримов “Азаттыкка” маек курду.

- Жер титирөөдөн кыргыздар көп жашаган Мургаб району аман экени айтылды. Сиздин мекениңиз Жерге-Тал районунда абал кандай экен?

Мирзохалим Каримов: Бул жерде Тажикстанда жашаган кыргыздарды географиялык жактан чаташтырбаш керек. Тажикстанда кыргыздар жашаган эки район бар: Жерге-Тал жана Мургаб.

Мургаб району тоолуу Бадахшан автономдук облусуна кирет. Жерге-Тал району болсо түздөн-түз республиканын борборуна баш ийген район, борбордон 300 чакырым эле аралыкта турат.
Президент Эмомали Рахмон элдин күчү менен, элге таянып, ар бир үй-бүлөдөн 700 долларга чейин казынага жардам бергиле деп айткан.


Мургаб 750-800 км алыс жерде жайгашкан, жер титирөө болгон жер, борбордон 650-700 метрдей аралыкта турат. Зилзаланын Мургаб районуна да, Жерге-Тал районуна да эч кандай таасири тийген жок. Мага да тааныш жердештер чалып, абдан тынчсызданып, көп сурашты. Кырсык болгон, же кыргыздарга зыян тийген жактарды мен уккан жокмун.

- Сиз кандай ойлойсуз, Тажикстандын экономикасы мына ушул жер титирөөдөн кыйрап калган үйлөрдү кайра тургузуп, алардын ээлерине жардам берүүгө күчү жетеби?

Мирзохалим Каримов: Өзүңүздөргө маалым болгондой, жакында энергетикалык кризис болуп, республиканын президенти Эмомали Рахмон элдин күчү менен, элге таянып, ар бир үй-бүлөдөн 700 долларга чейин казынага жардам бергиле деп айткан эле.
Кыйын абалда турганда эл да каршы болбой, бардыгы макул болуп, ушул энергетикалык кризиске ар бир үй-бүлө салым кошобуз деп турган эле. Ушундай учурда жанагыдай табигый кырсык болгону республиканын экономикасына аябай чоң зыян келтирет. Ошондой болсо да, мен ойлойм, кыйынчылыктарды башынан өткөргөн республикага эл аралык уюмдар, коңшу өлкөлөр, башка мамлекеттер жардам берет. Бирок экономикасын тез эле ордуна тургузуп кеткенге күчү жеткенге кыйын деп ойлойм.
Зилзаланын Мургап районуна да, Жерге-Тал районуна да эч кандай таасири тийген жок.


- Мургаб жана Жерге-Тал райондорунда жер силкинүүгө карата абал кандай? Айрым тургундар жер титирөө тууралуу өкмөткө билдирилгенин, бирок эч кандай чара көрүлбөгөнүн айтышууда.

Мирзохалим Каримов: Ал туура. Себеби тоолуу Бадахшанды жер титирөөнүн уюгу деп койсо болот. Тоолору абдан бийик, ал тоолордун асты бүт кен байлыктар, ал жерде илгертен эле майда-чүйдө жер титирөөлөр болуп келет, бирок анын бардыгы эле коомчулукка билдирилбейт.

Азыр 5 баллдан бир аз жогору болгондон кийин 20 миңден ашуун адам үйсүз калды дейт. Сиздердин кабарларды угуп атам, үйүбүз түшүп калды дешүүдө. Айыл жерлериндеги үйлөр тээ илгери 50-60 жыл мурда курулган эски үйлөр. Алар кичине эле түртүп койсоң түшүп кала тургандай. Эл деле жаңы үй салганы менен техникалык туруштук бере тургандары аз.

- Маегиңизге чоң рахмат.

Казакстан басма сөз каражаттарынын чордонунда

Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев.

Өткөн аптада Батыш басма сөз каражаттарында Казакстан тууралуу кабарлар көңүл чордонунда болду.

Дублинде чыккан “Irish Times” гезити “Казакстан бир катар сын-пикирлерге карабастан ЕККУнун төрагалык милдетин алды” деп жазды. Гезит Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев 56 өлкө мүчө болгон абройлуу ЕККУга бир жыл төрагалык кылуу максатына жеткенин билдирди.

“Аянты жагынан дүйнөнүн 9-ири өлкөсү саналган Казакстан Орусиянын энергетикасына көз карандылыкты азайтууну көздөгөн АКШ жана Батыш өлкөлөрүнүн, айрым сынчылар айткандай, эки жүздүүлүк менен жасаган колдоосу аркылуу бул милдетти аркалады. Казакстан басма сөз, саясий партиялар жана шайлоо мыйзамдарын өзгөртө турганы тууралуу убада бергени менен, көптөгөн байкоочулар бул өзгөртүүлөрдү көргөзмө катары баалап, атүгүл акыркы убакытта абал ого бетер начарлап кеткенин билдиришүүдө” деп айтылат гезитте жарыяланган макалада.

Лондондо чыкчу “Guardian” гезити “Иран Казакстан менен уран боюнча соода түзөт” деп жазган кабарында, Казакстанга 450 миллион доллар киреше алып келе турган бул соода аркылуу Иран өзүнүн медициналык жана изилдөө реакторлорун иштете берерин, атүгүл Батыш шектенип жаткан өзөктүк курал программасын уланта берерин бышыктайт. Кабарда өзөктүк курал жасоо үчүн мүмкүнчүлүк бере турган уран байытуу программасын токтотууну четке каккандыктан БУУ Иранга каршы санкция киргизгени белгиленет. Тегеран өзөктүк программаны тынчтык максатында өндүрүп жатканын белгилеп келет.

“Financial Times” гезитинде чыккан макалада Казакстан 29-декабрда уран өндүрүүдө Канада менен Австралияны озуп кеткенин жар салганы кабарланат. Казакстан мындай билдирүүнү “Астана менен Тегерандын ортосунда 450 миллион доллар өлчөмүндө уран соодасы түзүлөт” деген кабардан бир күндөн кийин жасаган.

Макалада Иранга тазаланган уранды сатуу БУУнун бул өлкөгө карата жарыялаган санкцияларына каршы келери эскертилип, бул кабарлар Иран менен Казакстан тарабынан дароо четке кагылганы белгиленет.

Түркиянын “ZAMAN” гезити “Казакстандан көп улуттуу фирмаларга жаман кабар” деген баш сөз менен макала жарыялады. Анда Казакстан өзүнүн аймагындагы мунай, табигый газ, алтын жана уран үчүн салыктарды жогорулатканы билдирилет.

Макалада казак өкмөт башчысы Карим Масимов белгилүү бир күндү айтпастан эле, Казакстандагы табигый байлыктардын бардыгы казак элинин менчиги экенин белгилеп, “биз болжолу бир жылдан бери дүйнөлүк каржы кризисинен улам чийки зат секторундагы фирмаларга бир жыл мөөнөттүү өзгөчөлүк берип, салыктарды көтөргөн жокпуз. Эми мөөнөт аягына чыгып баратат. Жакынкы убакытта мыйзамда каралгандай салыктарды көтөрөбүз” деп айтканы белгиленет.

Карим Масимов “мунай жана газ тармагында мурда казак элинин таламдарын кандай коргосок, азыр да ошону уланта беребиз” деп билдирген.

Тоолуу Бадахшан: Кыш чилдедеги зилзала

Тажикстандын Тоолуу Бадахшан автономиялуу дубаны. Июнь, 1982-жыл

2-январда таң эртең Тажикстандын Тоолуу Бадахшан регионунда кубаты 5,2 баллга жеткен катуу жер титирөө болду. Зилзаланын кесепетинен миңдеген адамдар там-жайсыз калганы кабарланды.

Ырасмий маалыматтар боюнча, табигый апаат аймакка орто эсеп менен 1-1,5 миллион доллар чыгым алып келди.

Балдардын жүрөгү түшүп, үйгө кирбей жатышат. Мындай суукта биз эмне кыла алабыз?"



“Азаттыктын” Тоолуу Бадахшан автоном облусундагы кабарчысы Мирзожалал Шохжамалдын билдиришинче, зилзаладан кийин Ускрох, Рох жана Гишкок кыштактары электр кубатысыз калган жана жолдоор буулуп, тыш жак менен байланыш үзүлгөн.

Тажикстандын Чукул кырдаалдар боюнча комитети 5.2 баллга жеткен зилзаладан кеминде эки жаран жараат алган, эки мектеп жана бир оорукана кыйрап калганын билдирди.

Жер биринчи силкингенден кийин адамдар сыртка качып чыккандан улам чыгым аз болгон.

Ванч районундагы Ускрох кыштагынын тургуну Махбуба деген келиндин “Азаттыкка” айтышынча, алардын атрабындагы үйлөрдүн көбү жер титирөөдөн кыйрап калган:

- Коңшубуздун тамы бузулуп калды. Ылдый жактагы көчөлөрдө да көптөгөн тамдар кулап калды. Бизге коңшу чакан кыштакта да кыйраган тамдар бар.

Жергиликтүү элдин сөзүнө караганда, там-жайсыз калган адамдардын саны бир нече жүздөн 20 миңге чейин жетиши этимал.

Зилзала болгон Ванч районунда бардыгы 30 миңден ашуун эл жашайт.

Ырасмий бийликтердин маалымдашынча, кырсыктан жапа чеккен четки кыштактардын элине тийиштүү көмөк көрсөтүлгөн.

Бирок тамы кыйраган адамдардар коңшу-колоңдору же тууган-уруктарынын үйлөрүндө баш калкалап жатканын, Ускорх кыштагынын тургундары өкмөттөн эч кандай жардам алышпаганын, жолдорду жергиликтүү эл өз күчү менен тазалап жатышканын 3-декабрда “Азаттыктын” тажик кызматынын кабарчысына айтышкан.

Ускорхтун имамы Йодовар Холовдун сөзүнчө, дале жер силкип жаткандыктан, көпчүлүк үйлөрүнө киргенден коркушууда:

- Жыйырма мүнөт сайын жердин солкулдаганын сезүүдөбүз. Алардын кубаты биринчи зилзаладай күчтүү эмес. Бутуңдун астындагы жер өйдө-ылдый былкылдагандай болууда.

Ванч районунун элинин айтышынча, 2007-жылдан бери аймакта тез-тез жер титиреп турат жана бул жөнүндө бийликтерге эчен ирет кайрылгандарына карабай, эч кандай чара көрүлбөгөн.

Апта: Өткөн жылдагы орчун окуялар. Жаңы жылдагы маселелер...

2010-жылы Кыргыз мамлекетинин алдында Конституцияны өзгөртүү, бөлүштүргүч компанияларды менчиктештирүү маселелери турат. Андан сырткары бийликтин кошуна өлкөлөр, оппозиция менен мамилесинин андан ары өрчүшү жаңы жагдайларды жаратышы ыктымал.


Өткөн жылдагы негизги окуялар:

2009-жыл январь айы


Медет Садыркулов президенттик администрация башчысы кызматынан бошотулуп, анын ордуна Данияр Үсөнов дайындалды. Марат Султанов, Өмүрбек Бабанов жогорку кызматтарга дайындалып, Президент “Жаңылануу багыты” боюнча калкка кайрылуу менен чыкты.

Февраль

Президент Курманбек Бакиевдин Россияга сапары болуп, анын жыйынтыгы боюнча Москва Кыргызстанга 150 млн. грант, 300 млн.
доллар женилдетилген насыя берди. Камбар-Ата-1 ГЭСи үчүн 1 млрд 700 млн. доллар насыя бөлүү жана 193 млн. доллар карызды кечүү боюнча келишимге жетишилди. Бирок бул акыркы келишимдер ушул кезге чейин аткарылбай турат.

Март

Медет Садыркулов шектүү жагдайда каза тапты. Журналист Сыргак Абдылдаев катуу сабалды. Бийлик менен оппозициянын сүйлөшүү аракети оңунан чыкпады.

Апрель

Аксыда жер көчкүдө 16 киши каза тапты. Жогорку Кеңештин депутаты Санжар Кадыралиевди атып кетишти. Петровка айылында улуттар аралык жаңжал чыкты.

Май

Жогорку Сот Ноокат окуясы боюнча акыркы чечим кабыл алды. Ал боюнча 32 киши тогуз жылдан жыйырма жылга чейин кесилди. Түптө оппозициянын курултай уюштуруу аракети чагымга кабылып, кууп таратылды.

Июнь

АКШ президенти Барак Обама президент Курманбек Бакиевге Ооганстан боюнча кайрылуу жолдоду. АКШнын "Манастагы" аскердик базасы Транзиттик борбор болуп түзүлө турган болду.

Июль

Кыргызстанда президенттик шайлоо болду.

Август

Нарында Жетим-Тоо темир кенинин айланасында жаңжал чыгып, эл кенди иштетүүгө каршы чыкты.

Сентябрь

Курманбек Бакиев парламентте сөз сүйлөп, рефомарлар тууралуу билдирүүсүн жарыялады. Жогорку Кеңештин депутаты Кубанычбек Кадыров Балыкчы окуясы боюнча айыпталып, андан депутаттык кол тийбестик алынды.

Октябрь


Курманбек Бакиев башкаруу системасын реформалоону баштады. Президенттик администрация, Коопсуздук кеңеш, Мамлекеттик катчы кызматтары жоюлуп, Президенттик институтут түзүлдү. Өкмөт алмашып, президентти кичи уулу Максим Бакиев жогорку кызматка дайындалды.

Ноябрь

Журналист Кубанычбек Жолдошев Ошто сабалды. Петровка, Балыкчы окуялары жана Исмаил Исаков боюнча соттук териштирүүлөр жүрдү.

Декабрь

Журналист Геннадий Павлюк өлтүрүлдү. Саясатчы Болот Жанузаков, саясат таануучу Александр Князев, журналист Евграфов сабалды.
“Түндүкэлектрону” сатуу боюнча тендер өткөрүлдү.

Конституцияны өзгөртүү

Азыркы Конституцияга өзгөртүү жана кошумча киргизүү боюнча мыйзам долбоор өткөн жылы декабрь айында Президент тарабынан Жогорку Кеңешке берилип, парламент өз кезегинде аны Конституциялык Сотко жолдогон.

Конституцияга өзгөртүү жана кошумча киргизүүнүн жол-жоболоруна ылайык, берилген долбоорго Конституциялык Сот үч айдан ашпаган убакытта же быйылкы жылдын алгачкы үч айынын ичинде өзүнүн корутундусун берүүгө тийиш.

Конституцияга өзгөртүү киргизилиши менен өткөн жылы октябрь айында президент тарабынан ишке ашырылган башкаруу системасындагы өзгөрүүлөр мыйзамдаштырылат. Бирок Конституцияга киргизиле турган өзгөртүүлөр аны менен эле чектелип калбайт.

Жаңы өзгөртүүлөрдө Президент каза болсо же кызматын аткара албай калган шартта, анын милдетин аткаруучу Конституцияга ылайык эмес, Президенттик кеңешме тандап алышы сунушталууда.

Мындай жол-жобого оппозиция кескин каршы чыкты. Ал эмес бийликке лоялдуу позицияда келген “Ак шумкар” партиясы да каршылыгын билдирди. Бул партиянын лидери Темир Сариев Конституцияга өзгөртүү жана кошумчалар киргизүүгө мындай пикирин ачыктаган эле:

- Президент киргизген долбоордо Президенттин укуктары кеңейтилип, өкмөттүкү кыскарып атат. Анан эң опурталдуусу, эгерде Президент кандайдыр бир себептер менен өзүнүн милдетин аткара албай калса, анын ордун убактылуу Жогорку Кеңештин аткарчу эле. Ал болбосо өкмөттүн башында турган адам аткарчу эле. Эми мунун баарын тең Президенттик кеңешмеге беребиз деп атат. Анын аты так аталбаган адам болуп атат. Биз муну Президенттин өзүнүн ыйгарым-укуктарын бекемдеп, анан мураскерине ыңгайлуу шарт түзүү деп эсептейбиз.

Кыргызстанда көптөгөн жолу Конституция өзгөртүлгөн. Баш мыйзам өзгөртүлгөндөн кийин шайланган бийлик бутактарынын легитимдүүлүгү жөнүндө маселе саясий ыңгайга жараша козголуп келген. Бул ирет да Конституция өзгөргөндөн кийин бийликтин легитимдүүлүгү боюнча маселе чыгып, референдум жарыяланыш ыктымалдыгы айтылууда. Бирок коммунисттик фракциянын лидери Исхак Масалиев легитимдүүлүк маселеси чыкпайт деген пикирде:

- Бизге жөнөтүлгөн Конституцияга өзгөртүүлөр жана толуктоолор жөнүндөгү мыйзам долбоордо Конституциялык негизде Президентке, Парламентке түзмө-түз тиешеси жок. Ошондуктан легитимдүүлүк жөнүндө маселе чыкпайт го.

Энергетика. Оппозиция. Бийлик

29-декабрда “Түндүкэлектрону” сатуу боюнча тендер соңуна чыкты. Өлкөдөгү бөлүштүргүч компаниялардын эң ириси болгон “Түндүкэлектрону” сатып алуу үчүн үч компания катышты. Алар: Росиянын “Якутспецгидро” компаниясы, Казакстандын “Алматаэнерго”, Кыргызстандан “Спецэнергострой” аттуу буга чейин аты чыкпаган компания болду. 2-февралда болсо “Ошэлектро”, “Чыгышэлектро” жана “Жалал-Абадэлектронун” мамлекетке тийшелүү 80 % ашуун акциясын сатуу боюнча тендер аяктайт. Ошону менен быйылкы жылы өлкөдөгү бөлүштүргүч компаниялар толугу менен менчик колдорго өтүүсү ишке ашышы күтүлүүдө.

Бөлүштүргүч компанияларды менчиктештирүү электр энергиясына тартифтерди эки-үч эсеге көтөрүү менен коштолууда. Белгилүү болгондой быйылкы жылдын 1-январынан тарта бир киловатт саат электр энергиясы 1 сом 50 тыйындан сатыла баштады. Ал эми июль айынан тарта бир киловатт саат электр энергиясы 1 сом 90 тыйын болоору белгиленген.

Өлкөдө жылуулукка да баа 1-январдан тарта көтөрүлдү. Эгерде буга чейин Бишкектеги көп кабаттуу үйлөрдүн тургундары бир гикакалорий жылуулук үчүн 500 сомдон төлөп келсе, жаңы жылдан кийин 1050 сомдон төлөй баштайт. Ал эми июлдан да бир гикакалорий жылуулуктун баасы 2500 сом болоору белгиленген.

Бийликтин энергетика тармагындагы мына ушундай саясатын оппозиция кескин сынга алып, бул саясатка калк ичинде нааразылык кыймылдары пайда болсо аны колдоого алаарын жарыялаган.

Ал эмес оппозиция өкүлдөрү бийликтин кысымдарына сот аркылуу акыйкатка жетүү мүмкүн эместигин айтып, каршылык көрсөтүүнүн башка жолдооруна өтөөрүн айта баштады. Мындай жарыя Балыкчы окуясы боюнча айыпталгандар төрт, эки жылдан кесилгенден кийин ачыкталды. Оппозиция өкүлдөрүнө байланыштуу бардык соттук жараяндарга адвокат катары катышып келаткан Бириккен Элдик Кыймылдын штаб башчысы Азимбек Бекназаров мына ушундай позицияны билдирди:


- (Балыкчы окуясы боюнча) Соттун чечими мыйзамга негизделбей эле жогору жактан эмне айтылса ошондой чечим чыгып калды. Эч кандай мыйзамга ылайык чечим эмес, саясий чечим болуп калды. Мындан ары апелляциялык арыз жазсак деле ушундай чечим чыгарарына биздин көзүбүз жетти. Ошондуктан арызданбай жөн эле коелу деп чечтик. Күрөштүн башка жолу тандайбыз.

Бийлик менен оппозициянын ортосундагы ажырымды журналисттерди өлтүрүү жана сабоолор ого бетер күчөтүүдө. “Ата Мекен” социалисттик партиясы менен кызматташып келаткан журналист Геннадий Павлюктун Алматыда өлтүрүлүшү бийлик менен оппозициянын эле эмес, кыргыз бийлигинин казак бийлиги, башка чет өлкөлөр менен мамилесине да залакасын тийгизе турган болууда. Анткени Павлюктун өлтүрүлүшүнө байланыштуу Россиядагы Кыргызстан элчиси Аттокуров 24-декабрда Россиянын Тышкы иштер министрлигине чакырылды...

Казакстанда болсо тергөөнүн жүрүшүндө Павлюктун өлүмүнө кыргыз жарандарынын тиешеси бар экени жарыяланды. 29-декабрда болсо Казакстандын КТК телеканалы өлтүрүүгө Кыргызстандын атайын кызматынын кызматкерлери тиешеси бар экенин айтып чыкты. Бул маалыматты Кыргызстандык атайын кызматтар четке кагып жаткан менен маалымат чыгаруудан шилтеме жасалган казактын атайын кызматтары жокко чыгарган жок.

Ошондуктан быйылкы жылдан баштап Европа коопсуздук жана кызматташуу уюмуна төрагалык кылууга киришкен Астана Павлюктун ишин аягына чыгарууга аракетин жасайт, деп эсептейт “Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев.

Кошуналар менен мамиле же тышкы саясат

Тышкы саясатта Кыргызстан 2010-жылы албетте Өзбекстан, Тажикстан менен чек араны делимитациялоо боюнча аракетин улантат. Тажикстан менен чек ара боюнча сүйлөшүүлөр 2009-жылы уланып, 970 чакырым келген чек ара тилкесинин 503 чакырымы аныкталган. Ал эми кыргыз-өзбек чек арасын аныктоо боюнча 2009-жылы дээрлик сүйлөшүүлөр болгон жок. Чек араны делимитациялоо маселеси болгону декабрь айынын соңундагы кыргыз-өзбек өкмөттөр аралык комиссиясынын ишинде козголду.

Чек араны делимитациялоодон сырткары Бишкек Россия, Казакстан, Беларусь түзгөн бажы биримдигине кирүү аракетин жасаарын билдирүүдө. Бирок февраль айында ири келишимдерге жетишип, андан кийин салкындай түшкөн Россия менен Кыргызстандын мамилеси кайсы багытта өнүгөөрү азырынча белгисиз.

Мамиленин салкындаганы Москва тараптан 193 млн. доллар карызды кечүү жана Камбар-Ата-1 долбооруна насыя бөлүүнүн кечеңдеши менен байкалып турат. Кыргыз бийлик төбөлдөрү мына ошол абалга жараша кадамдарды жасоого аракет кылууда. Маселен, февралдагы Москвага сапары учурунда Курманбек Бакиев Москваны стратегиялык өнөктөш, тышкы саясатта артыкчылык бериле турган өлкө катары мүнөздөгөн. Бирок Мамлекеттик тышкы иштер министрлигинин мааракесине арналган декабрь айындагы жыйында президент Бакиев Кыргызстан тышкы саясатта бир өлкөгө артыкчылык бербеш керек деп чыкты:

- Тышкы саясаттагы каражаттарды өлкөнүн өнүктүрүү багытына топтош керек. Тышкы саясатты жүргүзүүдө түзүлүп калган байланыштар жана салттар менен чектелип калбай, жаңы мүмкүнчүлүктөр жана жаңы байланыштарга ачык болуш керек.Биздин тышкы саясат көп векторду болууга тийиш. Тышкы саясатта бир өлкөгө артыкчылык берүү эмес, акылга салынган баланс үстөмдүк кылууга тийиш.

Саясат таануучу Марс Сариев Кыргызстандын Россия, Өзбекстан менен мамилесинин келечегине карата мындай пикирин билдирди:

- Менин оюмча азыр орток пикир табыш абдан татаал. Менин оюмча, азыркы мезгилде Өзбекстан менен Россиянын мамилеси жылый баштады. Ошон үчүн Өзбекстан Кыргызстанга кысым кылып, ар кандай маселелерди курчутуп, көтөрүп жатат. Камбар-Ата-1ге 1 млрд. 700 млн. доллар насыя бөлүү дагы токтоп жатат. Мунун баары байланыштуу. Бул Москва менен Ташкендин бир тил табышына да байланыштуу. Ошого жараша Кыргызстан менен Өзбекстан мамилеси сууп баратат. Кыргызстан Москванын талаптарын бүт аткарып жатат. “Дастан” боюнча маселен аткарды. Ошого карабай 1.7 млрд. доллар инвестициянын токтоп жатышы бийликке абдан эле зыян алып келет. Муну Бишкек да сезип турат. Ошондуктан Москвадан насыя келбесин да туюп жатат. Маселени кандай чечерин билбей Батыш менен сүйлөшүп жатат. Ошондуктан жалпысынан абал аябай начар болуп атат.

Ошентип Кыргызстан тышкы саясатында да 2010-жылы башы ачыла турган бир топ олуттуу маселелер турат. Алардын кандай чечилишин же кайсы багытта өнүгүшүн мезгил гана так көрсөтүп бералат.

Иран уранды Казакстандан таптыбы?

Махмуд Ахмединежад

Иран таза уранды Казакстандан сатып алуу боюнча жашыруун келишим түзүп жатканы жөнүндө имиштер айтылып жатат. Мунун алдынан Иран шейшембиде өзүнүн өзөктүк программасы боюнча эларалык коомчулуктун сунушун дагы бир жолу четке каккан эле.

Иран дагы бир жолу четке какты деген сунушту Бириккен улуттар уюмунун Коопсуздук кеңешиндеги туруктуу беш мүчө - Британия, Кытай, Франция, Орусия, АКШ – алар менен катар Германия быйыл октябрда жасашкан. Ага ылайык, Тегеран мындан ары уранды өзүндө байытпай, байытылган уранды Орусиядан жана Франциядан алмак. Анын көлөмү изилдөөлөр жана медициналык керектөөлөр үчүн колдонгонго гана жетмек. Анткени Батышта айрым өлкөлөр “Тегеран азыр уранды атомдук бомба жасаш үчүн байытып жатат” деп кооптонушат.

Иран болсо бул кооптонууларды четке кагып, ал өзөктүк курал жасаганга дилгир эмес экенин, байытылган уранды жөн эле отун катары колдонгусу келип жатканын айтып келатат. Ошондуктан бул сунушту эки ирет тең четке какты.

Мына ушул окуянын артынан эле “Иран Казакстандан 1350 тонна таза уранды 450 млн.долларга жашыруун сатып алганы жатыптыр” деген кабар таркады. Ушунча урандан 150 өзөктүк дүрмөт жасай алаары да айтылды.

Бирок уран Казакстандын өкмөтүнөн эмес, өлкөдөгү айрым күчтөрдөн өкмөттүн макулдугусуз эле жашыруун жиберилет имиш деген маалымат таркады. Бул жөнүндө “Ассошиэйтед пресс” маалымат агенттиги Бириккен улуттар уюмунун Атомдук энергетика боюнча эларалык агенттиги (МАГАТЭге) мүчө мамлекеттердин биринен маалымат алганын айтты. Кайсыл мамлекет экени такталган жок. Документте айтылгандарга караганда, келишимге жакынкы апталарда кол коюлаары күтүлүүдө.

Расмий Астана муну заматта четке какты. Өлкөнүн тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Эржан Ашыкбаев “Азаттыкка”: “Казакстан эларалык коомчулук алдында өзүнө алган милдеттенмелерин дайыма аткарып келатат. Бул өзөктүк куралды таркатпоо боюнча маселеге да тиешелүү, - деп билдирди. - Биздин бүт иш МАГАТЭнин талаптарына ылайык жүргүзүлүүдө”.

Дегинкиси, Казакстан Иран менен уран боюнча жашыруун иштешип жатканы тууралуу буга чейин деле айтылган.

Ноябрдын башында мындай аракет болуп жатканын казак президенти Нурсултан Назарбаевдин мурдагы күйөө баласы Рахат Алиев “Азаттыкка” билдирген болчу.

“Мен фактысы жок сүйлөгүм келбейт. Эки өлкө ортосунда бул боюнча жашыруун сүйлөшүүлөр болгону жөнүндө факты менде бар, - деген эле Р.Алиев. - Анын үстүнө Ирандын президенти Казакстанга расмий сапар менен келип кеткенин да унутпаш керек. Эгерде бул жөнүндө маалымат булактарында айтылбаса эле, ал болгон эмес деп айтууга болбойт да”.

Ал аралыкта “Казатомпром” шаршембиде бир кызыктуу кабар таркатты. Анда айтылгандай, быйыл Казакстан жылды дээрлик 14 миң тонна уранды өндүрүү менен жыйыктыктайт. Бу дегени – Казакстан уран өндүргөн дүйнөдөгү лидерге айланды дегенди билдирет.

Вашингтондо болсо атын атабоону суранган жогорку деңгээлдеги расмий өкүл “Ак Үй бул тууралуу кабардар экенин” айтуу менен чектелди.

Жаңы жыл алдындагы бул окуя АКШ менен анын өнөктөштөрүнүн Тегеранга каршы жаңы санкциялар тууралуу сүйлөшүүлөрүнүн башталышына себеп болууда.

Ушул айдын башында АКШнын Конгрессиндеги өкүлдөр палатасы Иранга таза карамай саткан компанияларды жазалоо тууралуу мыйзам долбоорун жактырды. Ал долбоор январда Сенатта оңой эле кабыл алынат деп күтүлүүдө.

Ал эми Мамдепартаменттин расмий өкүлү "The Los Angeles Times" гезитине 28-декабрда айтканына караганда, Ак Үй мындан да катаалыраак жазанын жолун караштырып жатат.

Көз карандысыз сенатор Жозеф Либерман - бул мыйзам тезирээк күчүнө киришин жактагандардан. Анын ишениминде, мыйзам адам укуктарын орой бузуп, өзөктүк программасы боюнча дүйнөнүн сунушуна көнбөй жаткан Иранды эпке келтирүүдө президент Барак Обама менен Тышкы иштер министри Хиллари Клинтонго жетиштүү укук бермек.

Бирок Улуттар уюмунун Коопсуздук кеңешинде санкция боюнча АКШнын тилин адаттагыдай эле Кытай менен Орусия албай коюшу мүмкүн.

“Азыр Кытай менен Орусия Иранды мурдагысынан да көбүрөөк колдой тургандай болуп турат, - деди Либерман. - Наавада алар АКШнын санкция боюнча сунушун колдобой коюшса, Америка өзүнүн европалык өнөктөштөрү менен эле санкция киргизип кое берсе болот. Тилекке каршы, Тегеранда өкмөт президент Обаманын сунушуна оң жообун бербей, өзүнө-өзү жаман иш кылып алды”.

Кыргызстандын чемпиону “Дордой-Динамо” Москвага барат

2007-жылы "Дордой-Динамо" Азия Футбол конфедерациясынын чемпиону болгон.

16-24-январда Москва шаарында Шериктеш жана Балтия өлкөлөрүнүн Кубогу өтөт. Өткөн жуманын этегинде “Шериктештик” турнирине катышканы турган чемпион командалардын атаандаштары аныкталды. Чучукулак кармоонун жыйынтыгында Кыргызстандын алты жолку чемпиону “А” тобунда күч сынашат.

“Дордой-Динамо” клубунун футболчулары Орусиянын “Рубин”, Латвиянын “Металлург” жана Белорустун “Днепр” командалары менен оюн талаасына чыгат. Атаандаштар тууралуу “Дордой-Динамонун” машыктыруучусу Сергей Дворняков “биздин группа канчалык күчтүү болбосун, тапшырмабыз - топтон суурулуп чыгуу” деп билдирди.

Кыргыз балбаны Орусияны багындырды

Орусиянын Свердлов облусунун грек-рим күрөшүнүн негиздөөчүсү Александр Тарасовдун элесине арналган турнир 27-жолу өттү. Анда Кыргызстандын намысын төрт балбан коргоп, алардын ичинен 60 кг салмакта күч сынашкан Алексей Ялома атаандаштарынын бардыгын жеңип, алтын медалдын ээси болду. Бул турнирге КМШ мамлекеттеринин спортчулары менен катар Орусиянын 30 аймагынан балбандар катышты.

Арсен Эралиев
Корея Кыргызстанды 10:7 эсебинде жеңип алды


28-декабрда Кожомкул атындагы спорт ордосунда грек-рим күрөшү боюнча Корея менен Кыргызстандын балбандары күч сынашты. 17 түгөйдөн турган спортчулардын жолугушуусунда жаштар арасында Азия жана дүйнө биринчилигинин жеңүүчүлөрү Арсен Эралиев, Калыбек Жолчубеков, Азат Бейшебеков, Атай Койчукулов баштаган жети балбан атаандаштарын жеңип алышты.

Ошол эле маалда Олимпиада оюндарынын байге ээлери Канат Бегалиев, Руслан Түмөнбаев, жаштар арасында Азиянын чемпиондору Азиз Бейшалиев, Данияр Ибраимов сыяктуу алдыңкы спортчулар атаандаштарынан жеңилип калышты.

Руслан Исмаилов - Азияда бешинчи

Ок атуу боюнча Кыргызстандын спортчусу Руслан Исмаилов мүмкүн болгон 600 упайдын 592син топтоп, Азия биринчилигинде бешинчи орунду жеңип алды. Ал 2007-жылы өткөн ушул эле чемпионатта алтынчы орунду камсыз кылган эле.

Бул мелдешке катышкан Сабина Исмаилова мүмкүн болгон 400дөн 385 упай алып, өзүнүн рекордун жаңыртты. Ал эми Аскат Токмоков 11 орунга жетсе, Айпери Алмазова 30 мыктынын катарына кирди.

Катардын Доха шаарында өткөн бул мелдешке Азия аймагындагы 20 чакты өлкөнүн спортчулары катышып, мөөрөй талашты.

Ушул жылы 25-январда Бишкекте Эл аралык бокс турнири өткөн.
Кыргызстандык мушкерлер эки коло медал жеңишти


Казакстандын Караганда шаарында эмгек сиңирген машыктыруучу Галым Жарылгаповдун элесине арналган Эл аралык турнир өттү. Мелдешке алты өлкөнүн спортчулары менен катар Казакстандын ар аймактарынын келген командалар катышты. Мелдеште Кыргызстандын намысын жети спортчу коргоду. Алардын ичинен Жалган Усманов менен Азамат Калмаматов коло медалдын ээси болушту.
Кыргызстан курамасынын башкы машыктыруучусу Адылхан Бекболотов “2009-жыл кыргыз мушкерлери үчүн ийгиликтүү болдубу?” деген суроого жооп узатты:

- Негизинен узап бараткан жылда кыргыз боксунда жандануулар байкалды. Жай айында Кытайда өткөн Азия чемпионатында жети спортчубуз чейрек финалга чыгып, бирок чеберчиликтин аздыгынан жеңилип калышты. Италиянын Милан шаарында 100 чакты өлкөнүн катышуусунда дүйнө чемпионаты болду. Анда Асадулло Баймурадов аттуу спортчубуз бешинчи орунга татып, коло медалга бир кадам жетпей калды. Биз бир нече жылдан бери мындай көрсөткүчкө ээ болбой келген элек.

“Азаттык”: Курама команданын боксчулары Эл аралык турнирлерге катышып туруштубу?

- Ооба, биздин мушкерлер коңшу Казакстан, Орусияда өткөн ири турнирлерге катышып турушту. Алматыда өткөн Рыскулбековдун турниринде Нурлан Кабашев алтын медал жеңип алды. Андан кийин Актауда 11 өлкөнүн катышуусунда ири мелдеш болду. Биздин спортчулар бир алтын, бир күмүш жана бир коло утуп алышты. Айта берсек ийгиликтер көп.

“Азаттык”: Жаңы жылда кыргыз боксчуларын кандай мелдештер күтүүдө?

- Келээрки жылдын негизги мелдеши Азия оюндары жана Сингапурда өткөнү турган жаштардын Олимпиадасы болмокчу. Ошодой эле Азиянын жана дүйнөнүн биринчилиги кыргыз мушкерлерин күтүүдө. Ошондуктан биз Жаңы жылга карабай учурда Ысык-Көлдө машыгууларды өткөрүп жатабыз.

Өзбекстан: Пансионат - бизге, газ – сизге

Өтүп бараткан жылы газ маселеси Кыргызстандын талылуу көйгөйлөрүнүн бири болду. Өзбектер карыз көбөйдү деп “көгүлтүр отунду” бууп салып, кыргыздар жакшы эле түйшүк тартты. Эми да минтип эки тараптуу сүйлөшүүлөр толук ачыкталбай, кошуналар газды канча баада сатаары бүдөмүк бойдон калууда.

Бул маселе 28-декабрда Ташкенде кыргыз-өзбек өкмөттөр аралык комиссиянын кезектеги отурумунда талкууланган.

Быйыл Өзбекстан Кыргызстанга 1 миң кубметр газды 240 доллардан саткан. Ташкенде өткөн жетинчи кеңешмеге катышкан премьер-министр Данияр Үсөнов өзбек тарапка келерки жыл үчүн газдын баасын арзандатуусун сунуштады. Бирок азырынча баа ачыктала элек.

Өкмөттүн басма сөз кызматы Өзбекстан жаратылыш газынын 1 миң кубметрин канча доллардан сатуусу тууралуу так баа жаңы жылдан кийин анык боло турганын маалымдап жатат.
Газ оор маселе болгондуктан Кыргызстан пансионаттарын “көгүлтүр отун” үчүн курмандыкка чалышы ыктымал.


Кеңешмеге катышып келген Отун-кубат министри Ильяз Давыдов Кыргызстан менен Өзбекстандын газ берүү жөнүндөгү келишимге кол коюшун чоң жетишкендик катары баалайт:

- Өткөн жылга салыштырмалуу жылыш бар. Бардыгы жакшы болот деген үмүтүбүз чоң. Башкысы, келишимге кол коюлду, баа саясаты аныкталды. Демек Кыргызстанда газ болот.

Пансионат да өтөт, анын эртеси да болот

Деген менен Өзбекстан кыргыз бийлигинин алдына Ысык-Көлдөгү пансионаттар жөнүндөгү маселени кабаргасынан койду. Кошуна өлкөнүн премьер-министринин биринчи орун басары Рустам Азимов курорт жана эс салуу обьектилерине тиешелүү укуктук маселелер чечиле электигине токтолду.

Айрым маалыматтар боюнча, Өзбекстан өзүнүн менчиги деп эсептеген бир нече пансионаттарды өзүнүн юрисдикциясына өткөрүп берүүнү талап кылып жатат.

Кыргызстан толугу менен Өзбекстандын газ импортуна көз каранды. Түркмөнстандан газды тартып келүүгө техникалык шарттар бар, бирок түркмөн газын алып келүү Өзбекстан, Түркмөнстан жана Кыргызстандын өкмөттөрүнүн макулдугу болгондо гана мүмкүн болот. Бүгүнкү күндө Кыргызстан жаратылыш газын керектөөчүлөрдүн альтернативдик газ берүүчүнү тандоого мүмкүнчүлүгү жок.

Кыргызстандык саясат талдоочулар өзбек тарап ушул мүмкүнчүлүктү толук пайдаланат деп боолголошууда. Алардын бири - Аалыбек Акунов:

- Кыргызстанга мурдагыдай көп болбосо да газ керек экенин Өзбекстан жакшы билет. Ал эми газы жок Кыргызстан чыга албайт. Негизи казак, түркмөндөрдөн деле алсак болмок, бирок ал жакта газ кууру жок. Мына ошонун аркасынан башка маселелерди чечип алганга аракет жасашат.

Мындай маселердин курчуп баратканын А.Акунов Борбор Азия өлкөлөрүнүн бириге албай жаткандыгы менен байланыштырууда.

- Борбор Азия өлкөлөрү бир регион катары бири-бири менен макулдашылган, бири экинчисинин кызыкчылыгын эске алган саясатты жүргүзбөй жатышат. Ар бири өзүнүн кызыкчылыгын биринчи орунга коюп, өз алдынча жашаганга аркет кылып жатышат. Тескерисинче, булар бириккенде экономикалык, социалдык, саясий да маселелер оңой-олтоң чечилип, жылыштар болмок. Мындай маселелердин баары кезеги келгенде өзүнөн өзү чечилүүгө тийиш.

Кыргызстан өзү чечет... же чечпейт

Жаш саясат талдоочу Мирсулжан Намазалиев Өзбекстан газ маселесин алдыга коюп, өзүнүн таасирдүүлүгүн көрсөтүүгө аракет жасап жатат деген пикирде. Анын айтымында, азыркы эки тараптуу сүйлөшүүлөрдүн натыйжалуулугу жана келечеги жетекчилердин келишиминен көз каранды.

- Ташкенттин да өзүнүн талаптары бар. Кыргызстан болсо Өзбекстанга пансионаттарды бербей кое албайт. Биринчиден, өзбек тарап Казакстанга берилген пансионаттарды көтөрүп чыгышы мүмкүн. Экинчиден, газ чоң, оор маселе болгондуктан Кыргызстан пансионаттарын “көгүлтүр отун” үчүн курмандыкка чалышы ыктымал.

Өкмөттүн басма сөз кызматынын билдиришинче, Өзбекстан Ысык-Көлдүн жээгиндеги “Алтын кум”, “Рахат”, “Дилорам” эс алуу жайларын ижарага алуу маселесин көтөргөн. Бул боюнча комиссия түзүлүп, алты айдан кийин ишинин жыйынтыгын билдирет.
Борбор Азия өлкөлөрү бир регион катары бири-бири менен макулдашылган, бири экинчисинин кызыкчылыгын эске алган саясатты жүргүзбөй жатышат.


Ошондой эле биргелешкен өкмөт аралык жолугушууда өзбек тарап Камбар-Ата-1 ГЭСинин курулушу техногендик жана экологиялык кырсыктарга алып келиши мүмкүн деген тынчсыздануусун билдирип, Дүйнөлүк банктын камкордугунда эл аралык экспертиза жүргүзүүнү өтүнгөн.

Адистер экспертиза Кыргызстан үчүн да керек экенин, бирок ал башка бир тараптын көзөмөлү, тапшырмасы менен эмес, Кыргызстан өзү чечиш керектигин белгилеп келишет.

Ташкен менен Москва тил табышса, ортодо кыргыз кыйналабы?

Саясат таануучу Марс Сариев Өзбекстан Орусия менен мамилеси жакшырып бараткан азыркыдай шартта расмий Бишкек менен Ташкендин тил табышуусу татаалдайт, ошол эле учурда орус-кыргыз алакасы начарлашы Кыргызстандагы абалды кыйындатат деп эсептейт.

- Марс мырза, кечээ Ташкенде кыргыз-өзбек өкмөттөр аралык коммиссиянын жыйыны болду, анда өзбек тарап ГЭСтер, соода, чек ара боюнча талаптарын коюптур. Эки тарап бул маселеде орток пикир таба алабы?

- Менин оюмча, азыр орток пикир табуу аябай татаал. Себеби азыр Россия менен Өзбекстандын мамилеси жылый баштады. Ошон үчүн Өзбекстан Кыргызстанга кысым кылып, ошондой маселелерди курчутуп көтөрүп атат. Өткөндө Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров иш сапары менен Ташкенге келип кетпедиби, анан байкап атасыңар, жанакы Камбар-Ата-1ге бир жарым миллиард долларлык инвестиция токтоп атат. Кремль менен Ташкендин мамилеси жылып, сөз табышып, Кыргызстан менен Өзбекстандын мамилелери сууп баратат. Ошон үчүн менимче, Ташкен менен Кремлдин сөз табышканы чын эле өзбек тараптын биз менен сүйлөшкөнгө позициясын күчөтүп атат да.

- Өзүңүз айткандай, кыргыз-орус мамилесиндеги салкындоолорду биздин бийликтеги адамдар да мойнуна ала баштады, бул тенденция канчалык барат деп ойлойсуз?

- Мындай карап көрсөк, Кыргызстан Москванын талаптарынын баарын эле аткарып атат. Эми бир жарым миллиард долларлык инвестиция токтоп атканы азыркы кыргыз бийлигине аябай чоң зыян алып келет. Бишкек дагы азыр Москвадан транс кредиттер келбөөсүн сезип атат. Азыркы бийликке жазга чейин бул каражат келбесе силер билесиңер, Акылбек Жапаров деле айтып аткан, Кыргызстанда аябай эле татаал кырдаал болот. Ошон үчүн азыркы бийлик эмне кыларын билбей батыш менен да сүйлөшүп атат, Москвадан кредиттер келбесин да сезип атат. Ошондуктан акыбал начар болуп, мамиле да сууп баратат десек болот.

- Ошону менен Камбар-Ата-1 долбоору да коркунучта калабы, Орусиянын 193 миллион карызын кечүү дагы аябагандай кечеңдеп атат, бул маселелерде орток пикир болобу?

- Менин оюмча, бул чоң саясат. Москва Ташкен менен сүйлөшүп, бир сөз табышыш керек. Себеби ал батыш жакка ооп бараткан да. Азыр менн оюмча, эки тарап сүйлөшүп, бир пикирге келип атат болушу керек. Байкап атасыздар, Тажикстандын Рогун ГЭСи токтоп калды, Камбар-Ата дагы токтоп атат, жанакы техникалык кредиттин айынан. Эми Москва да карап турат, анан газ боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатканда Ташкен жакка ооп баратканын сезип атасыңар...

- Рахмат маегиңизге.

Баткен: Чек ара маселесинде жылыш бар

Өткөн жылдарга караганда чек арачылардын иши, аракети күчөгөнү быйылкы жылда байкалды. Адистердин айтымында, ошондон улам чек арада коомчулуктун көңүлүн бурган окуялар катталды.

Негизинен чек арага байланышкан маселелер март айында Тажикстандан 270 метр жол үчүн жерди ижарага алуу менен башталды. Бул чечимди ошол мезгилде коопсуздук кеңешинин катчысы Адахан Мадумаров жетектеген топ кабыл алып, муну чоң жетишкендик катары баалашкан болчу.

- Мындай бир символикалык төлөө менен бул деген бир доллар дейбизби, эки доллар дейбизби, ушуну менен 49 жылга биз ошол жолдун курулушундагы, айрыкча ошол Исфара дарыясындагы көпүрө боюнча маселе болгон ал маселе чечилди. Мен айтаар элем, бүгүнкү жолугушуу абдан жемиштүү болду, абдан ийгиликтүү чечим кабыл алдык десем болот.

Ал эми жергиликтүү коомчулукта өкмөттөр аралык комиссияда каралып, аталган аймак кимдики экени аныкталбастан, кыргыз тарап ижарага алганы туура эмес кадам болду деген кептер айтылган.
Чарбак айылындагы көзөмөл бекетибизге Өзбекстандын эки жараны мас абалда келип, чыр чыгарып, башаламандак уюштуруп, кол салууга аракеттенген.


Мындан көп өтпөй эле облустук акимчиликтин кеңешмесинде чек арадагы аймактардан кошуна өлкөлөргө там сатуу маселеси каралып, жүздөн ашуун үй-жай чет өлкөлүктөргө өтүп кеткени ачыкталды.

Облустук бийлик бул маселени чечүү үчүн “кимде ким үйүн сатам десе, мамлекетке кайрылсын, аны бюджеттен сатып алабыз” деген чечим менен чектелишти. Бирок бүгүнкүгө чейин эч бир үй-жай мамлекеттин эсебинен алына элек.

Атылган ок, тирешкен тараптар

21-апрелде Лейлек районунан Бишкекти көздөй жүргүнчү тартып бараткан кичи автобуска тажик чек арачылары ок чыгарып, эки тараптуу сүйлөшүүдөн кийин чыгымды тажик тарап төлөп берүү менен чечилди.

Бул окуя боюнча ошо мезгилде Ички иштер башкармалыгынын өкүлү Жеңиш Раззаков буларды айткан:

- Самаркандектен Баткенге келе жатканда, Сурхтан чыга бергенде Исфара чек ара бөлүгүнүн көзөмөлү унааны токтотуу үчүн астынкы дөңгөлөгүнө ок чыгарышыптыр. Бул окуя боюнча башкармалыктар Тажикстан тараптан да келишти, ошол жерде жыйын өткөрдүк. Жыйынтыгында октон жарылган дөңгөлөктү алар төлөп беришмек болуп чечтик. Ошондой эле Исфара чек бөлүгүнүн жетекчилиги бул жерде бүгүндөн тартып эч кандай чек арачы турбастыгын айтты.

Ал эми 15-майда Өзбекстандын чек арачылары Баткен районунун Таян айылынын тургундары түшүп бараткан жеңил унаага эч эскертүүсүз эле ок чыгарып, жыйынтыгында эки өлкөнүн расмий бийликтери жолугуп, өзбек тарап кемчилигин моюнга алып, кечирим суроо менен аяктаган.

Унаанын жүргүнчүсү, Таян айылынын тургуну Салима Жаныбекова бул окуя акчанын артынан эле болду деген пикирин айтат.

- Баратсак Өзбекстандын жоокери жолдун наркы тарабынан чыгып, эч эскертүүсүз эле ок атты. Асманга эскертүү атпай эле машинага ок чыгарды, ошондо мен эс-учумду жоготупмун. Буга чейин да көп тосушчу. Өткөн сайын акча сурай беришет. Бир чыпта өрүк алып өтсөк да акча сурашат. Элүү-жыйырма сом алышат.

Ушундан көп өтпөй эле өзбек чек арачылары аймактан өтүп бараткан Кыргыз чек арачыларын өз аймагына тартып кирип, Ош-Баткен жолу бир нече саатка жабылган. Мындан сырткары Айдаркен чек ара бөлүгүнүн аскерлерин барымтага алуу, аларды алмаштыруу окуялары катталган.

22-июлда Чарбак айылындагы чек ара бөлүкчөсүнүн аскерлерине Өзбекстандын эки жараны мас абалда кол салууга аракеттенишип, чыр күчөп, аймактагы эки элдин тирешүүсүнө алып келген.

Кыштут айыл өкмөтүнүн ошол мезгилдеги башчысы Сейтмурат Матраимов бул окуяны “Азаттыкка” мындайча айтып берген эле:

- Биздин Чарбак айылындагы көзөмөл бекетибизге Өзбекстандын эки жараны мас абалда келип, чыр чыгарып, башаламандак уюштуруп, кол салууга аракеттенген. Ошондо биздин төрт жараныбызга таш тийип, жабыкашты.

Илгери карай ири үмүт

Бул жылдын ушу күнгө чейинки чек арага байланышкан окуяларынан коомчулуктун көңүлүн бурган эң орчундуусу октябрь айында кыргыз чек арачыларына тажик тараптан келген куралдуу топтун кол салуусу болду. Анда бактыга жараша ок атышуудан эч ким жабыркаган эмес. Бирок бир нече күн күчөтүлгөн тартип менен иш алып барган чек арачылар аймакты толук кыдырып чыгышкан. Кол салган топ кайра эле Тажикстанга кире качып, Исфара шаарында күч кызматтары тарабынан жок кылынганы маалым болду.
Өткөн сайын акча сурай беришет. Бир чыпта өрүк алып өтсөк да акча сурашат. Элүү-жыйырма сом алышат.


Мындай окуянын болушу чек ара кызматы жакшы иштеп жатканы, анткени мурда мындай топтор өтүп жүргөн жерлерди да көзөмөлгө алдык деп билдирген Баткен чек ара отрядынын зардалы Сайтжан Эратов:

- 1991-99-жылдары бул жерде чек арачылар болгон эмес. Андан кийин да көнүмүш адат болуп калган. Ушул жерден өтүп жүрүшкөн, башкача айтканда, Чорку менен Ворух айылдарынын ортосунда транзиттик жол кылып алышкан экен. Акыркы учурда бул жерге да күч бөлүнүп, чек араны жакшылап кайтарып калдык. Булар билген эмес бул жерде чек арачылар бар экенин. Бул жылга толук жабылат бир да тажикти, же кумурсканы да өткөрбөйбүз.

Ал эми Баткен чек ара отрядынын өкүлү Илимбек Жумалиев чек арада ар кандай окуялар болуп жатканы менен негизинен абал өткөн жылга салыштырмалуу жакшырып, чек арадагы тирешүүлөр жумшарып калды, жакынкы кошуна чек арачылар менен кызматташуу да жөнгө түшүп калды дейт.

- Былтыркы 2008-жылга салыштырмалуу быйыл мамлекеттик чек арада анча-мынча терс көрүнүштөр, окуялар болуп жатты. Бирок анын бардыгын колго алдык. Тажикстан жана Өзбекстандын жакынкы аймактагы чек арачылары менен тез-тез жолугуп, анча мынча тирешүү окуялардын баарын колго алып кызматташуу жөнгө салынды. Чек арада күндөн күнгө абал жакшы болуп баратат.

Чынында акыркы мезгилде чек арадагы абалдын жөнгө салынып, ар бир окуя же майда тирешүүлөргө чейин көнүл сыртында калтырбай аракет улам жанданып жатышы - Баткен чек ара бөлүгүнүн аракетинен деп айтсак болчудай. Анткени акыркы учурда чек арадагы ар бир жабыркагандар жергиликтүү бийликке караганда чек арачыларга кайрылганда маселе тез чечилип жатканын айтышат.

"Азаттыктын" архивинен: Чиеленген чек ара, кыйналды калк бечара

Кыргызстандын Баткен облусу менен Тажикстандын Согди облусу чектешкен бир катар айылдарда жылма (сойломо) миграциясы жүрүп келет. Аймакта жылма миграциянын эсебинен бүтүндөй айылдар кошуна мамлекетке өтүп кеткен учурлар бар.

Чиеленген чек ара, кыйналды калк бечара
please wait

No media source currently available

0:00 0:07:48 0:00

Конституцияны өзгөртүү - мураскерге шарт түзүү амалыбы?

“Ак шумкар” партиясынын төрагасы Темир Сариев Конституцияга өзгөртүү киргизүү боюнча долбоор президенттин ыйгарым укуктарын бекемдөөнү көздөп, бийликти мураскерине өткөрүп берүүгө ыңгайлуу шарт түзөт деп эсептейт. Бул тууралуу саясатчы “Азаттыктын” таңкы түз обосунда билдирди.

- Темир мырза, сиздин партияңыз президенттин Конституцияга өзгөртүү киргизүү аракетин кескин сынга алып чыкты. Оор салмактуу же лоялдуу болуп келген партиянын мындай кескин каршы пикирди жарыялап чыгышына эмне себеп болду?

- Биз саясий партия болгондон кийин Кыргызстанда болуп аткан орчундуу саясий окуяларга өзүбүздүн баабызды дайыма берип турабыз. Аны эми кандай кабыл алат бул адамдардын, саясий серепчилердин өз эрки. Биз баардык орчундуу окуялар боюнча өз көз карашыбызды айтып келгенбиз, жакында эле Конституцияга өзгөртүү, түзөтүү киргизүү боюнча президент өзүнүн демилгесин көтөрүп Жогорку Кеңешке долбоорун киргизди.

Ал долбоор негизинен президент менен өкмөттүн ортосундагы ыйгарым укуктарды бөлүү болуп эсептелет. Анда президенттин укуктары кеңейтилип жатат, көп жагынан өкмөттүкү кыскарып атат. Эң опурталдуусу - эгерде мурун кандайдыр бир себептер менен президент өзүнүн милдетин аткара албай калса анын ордун убактылуу Жогорку Кеңештин төрагасы аткарчу эле, ал болбосо өкмөттүн башында турган адам аткарчу эле, эми мунун баарын президенттик кеңешмеге беребиз дешүүдө. Анын аты так аталбаган адам болуп атат. Биз муну президент өзүнүн ыйгарым укуктарын бекемдеп, анан бийликти мураскерине таштап кетүүгө ыңгайлуу шарт түзүү деп эсептейбиз.

- Сиздерде мындай сындан кийин кандай аракет болот?

- Эми биз биринчиден, Жогорку Кеңешти жана коомчулукту буга макул болбогонго чакырдык, анан азыр Конституциялык Сот карап атат, андан кийин ал Жогорку Кеңешке келип түшөт. Жогорку Кеңеш биринчи окуу менен экинчи окуунун ортосунда үч айдан кем болбогон мөөнөттө кабыл алыш керек. Мына ошол убакытта да биз өзүбүздүн иш аракеттерибизди кылабыз.

- Темир мырза, мына акыркы кездеги кейиштүү окуялар, соттор оппозициялык күчтөрдүн биригүүсүнө база болуп бере алабы?

- Эми оппозициянын биригүүсү деп жөн эле үстүнөн жасалма талап кылуу болбойт экен, буга кандайдыр бир шарттар, кандайдыр бир окуялар түрткү болуш керек. Көрө жатарбыз аны...

- Кошуна Өзбекстанда кечээ парламенттик шайлоо өттү, ушул кошуна өлкөдөгү парламенттик шайлоого кандай пикирдесиз?

- Эми мурун Кыргызстан “демократиянын аралчасы” болуп кандайдыр бир үмүт берип турган, андан мына төрт жылдан бери бизден да мындай үмүт кетти. Деги эле Борбор Азия өлкөлөрүндө шайлоо процесстери абдан чоң мыйзам бузуулар менен өттү, эл аралык талаптарга жатпайт деп табылып атпайбы. Өзбекстан да ошонун ичине кирет.

- Маегиңизге рахмат.

«Көгүлтүр отундун» көкөлөгөн баасы

28-декабрда Ташкенде Кыргызстан менен Өзбекстан ортосундагы экономикалык карым-катыш өкмөттөр ортолук комиссиянын кезектеги отурумунда талкууланды. Расмий Ташкен ири ГЭС курулуштарын коңшу өлкөлөрдүн кызыкчылыгын эсепке алуу менен эларалык эксперттердин бүтүмүнө таянып жүргүзүү зарылдыгын билдирди.

Узакка созулган эки өлкө ортосундагы газ сүйлөшүүлөрүнүн жыйынтыгы созулууда.

Газдын артына жашынган сыр

Чөлкөмдөгү ортолук суу-энергетикалык проблеманы расмий Ташкен кыйладан бери коюп келатат. Коңшулардын кызыкчылыктарын эсепке алуу менен ГЭС курулуштарын баштоосу, аларды эларалык экспертизадан өткөрүү зарылдыгы расмий жыйындарда такай айтылат. Алдагыдай өктөм талаптын артында Өзбекстандын өзгөчө жүйөөсү - табигый газ баасы турат. Кедей коңшу өлкөлөр ортосундагы экономикалык карым-катышка таасир көрсөтүүнүн айныксыз жүйөөсүнө айланган “көгүлтүр отун” проблемасын ошентип Өзбекстан Кыргызстан менен Тажикстанга таасир көрсөтүүнүн аргументине айлантууда.

Жумшак жана илбериңки саясат

Кыргыз парламентиндеги коммунисттер фракциясынын өкүлү, депутат Николай Байло коңшу эки өлкө ортосундагы энергетикалык маселелердин антип оңунан чечилбей келатышын себебин саясий жагдайга байланыштуу түшүндүрөт.

- Маселе качан электр энергия, газ жана башкалардын баасына келгенде биртоп суроолор калкып чыгат. Менимче Кыргызстан коңшу өлкөлөр менен өтөле жумшак, илбериңки саясат жүргүзүп келатат. Бирок андай мамилени азырынча коңшулардан көрө албай жатабыз.

Анын үстүнө Кыргызстан менен Өзбекстан ортосундагы өкмөттөр ортолук комиссиянын иши төрт жылдан бери токтолуп, соода-экономикалык алака-катыштын көлөмү өтөле төмөн бойдон калып келаткан. Анын бир себеби суу-энергетикалык проблемаларга, экинчи жагы жылдан-жылга көкөлөп бараткан газ баасына байланыштуу экени эч кимге жаңылык деле эмес.

Өткөн жылы Өзбекстан “көгүлтүр отундун” баасы кескин көтөрүп, анын 1000 кубометрин 240 долларга баалаган. Натыйжасы кымбатбаа газ акысынан качып, Кыргызстан менен Тажикстандагы ири ишканалардын көбү аны алуудан баш тартышты. Ошон үчүн Өзбекстандан 400 миллион кубометр газ алууга макулдашкан Тажикстан анын теңине жетпеген өлчөмүн, 650 миллион кубометрге келишкен Кыргызстан быйыл 230 миллион кубометр газ сатып алды.

Мурда газ жаккан ири ишканалардын көбү айла жок, отундун башка түрүнө өтүшүүдө. Буга кошумча, Кыргызстандын газ чарбасында техникалык жоготуулар, газ уурдоочулук, отун акынын убагында төлөнбөшү, жабдуулардын эскириши ансыз да кымбатка туруп жатканын проблеманы дагы татаалдаштырууда.

Айланайын, акча кана?

Быйылкы “Кыргызгаздын” Өзбекстан алдындагы карызын өкмөт бюджеттик каражаттардын эсебинен жапты. Ансыз Өзбекстан эмдиги жылга сатылып алынчу газ маселесин талкуулабай турганын күзүндө эле эскерткен.

Кыргыз парламентинин экономика тармактарынын өнүгүшү комитетинин төрага орунбасары Юрий Данилов экономикалык жагдайга карап эмдиги жылга Өзбекстандын газ баасы арзандашы керек, деген пикирде.

- Мен болжолдобой эле так айта алам. Биздикилер бааны арзандатыш үчүн кетишти. Муну мен так айта алам. Ошондой өбөлгөлөр болгон. Азыр ага комментарий берүү ишке терс салакасын тийгизиши мүмкүн.


Өзбекстандын “Узнефтегаз” холдингинин пресс-катчысы Елена Ким газ маселеси боюнча кыргыз-өзбек сүйлөшүүлөрү жүрүп жатканын, анын качан бүтөрүн азырынча так айта албастыгын билдирүү менен чектелди. Ушул эле маалыматты Кыргызстандын Өзбекстандагы элчилигинен да ырасташты.

Айрым кабарларга караганда, эки өлкө ортосундагы өкмөттөр ортолук комиссия иши жыйынтыкталган соң Кыргызстандын өкмөт башчысын Өзбекстан президенти кабыл алып, андан соң Өзбекстан өкмөт башчысынын Кыргызстан делегациясынын урматына сый тамагы берилмек. Кыргыз өкмөтүнүн башчысынын Өзбекстанга иш сапарына чейин эле энергетика министри менен “Кыргызгаз” акционердик коомунун жетекчиси газ боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүшкөн.

Тараптар газ баасы боюнча макулдашууга жетишкени, кандай мунасага келишкени азырынча белгисиз. Айтса Ташкендеги сүйлөшүүлөрдүн алдында Тажикстан менен Өзбекстан газ баасы боюнча мунасага келише албады. Алардын жолоюн жолдоп кыргыз өкмөттүк делегациясы да Ташкенден куру кол келеби – бул да өзүнчө суроо. Кайсы бир маалымдоо каражаты жазгандай, ушу тапта жалпы Кыргызстан Өзбекстан газын канчага сатат суроосун алдыга коюп, жабыла кулак түрүп турган кези. Д.Үсөновдун бул ирет өкмөт башчы катары биринчи Ташкен сапары кандай жыйынтыктарга алып келери ошондон бүдөмүк.

Кыргыз кызы чет өлкөдө он миң долларга бааланат

Оштогу “Голден Гоал” аттуу коомдук бирикме Кыргызстанда адам сатуу өнөкөтү жыл санап күчөп жатканына кабатырлануусун билдирди. Эл аралык адистердин маалыматы боюнча, 2007-жылы 4 миң кыргызстандык атуул чет өлкөдө кулчулук азабын тартса, 2008-жылы бул көрсөткүч 5 миң адамга жеткен.

Жергиликтүү бейөкмөт уюмдардын ырастоосунда, адам сатууга дуушар болгондордун 70%ы Орусия менен Казакстанга эмгек кулчулугуна бааланышат, ал эми 30%ы Түркия, Араб Эмираттарында сексуалдык кулчулукка кабылышат.

Эксперттердин ырасташынча, чет өлкөгө жумуш издеп кеткен кыргызстандыктардын дээрлик 30%ы ар кандай мыйзамсыз фирмалар же ортомчу шылуундардын тузагына илинип, сатылууга дуушар болушат. Бул көрүнүшкө көбүнесе калктын 60%ы жакыр жашаган түштүк аймагынан баргандар кабылышат дешет алар.

Оштун тургуну Сажида Рахманова бир жыл бою Казакстандын тамеки талаасында акысыз иштеп, кулчулуктун азабын жон териси менен сезип кайткан:

- Ал жерде жарык да жок экен. Чөл десем болот. Тамеки эктик, аны карадык, ачка болгонубузга карабай түнкү саат он экилерге чейин иштечүбүз. Кайра эле таңкы саат алтыда иш башталат. Ошентип араң кайтып келдим.

Укугунан ажыратылган мигранттар

Сажидага окшоп белгисиз адамдар эле жакшы маяналуу жумуш сунуш кылса, эмгек келишимин карабай унчукпай кете берип, бат эле кулга айланып калгандар бул аймакта жүздөп саналат. Алардын айрымдары качып келүүгө аргасыз болсо, көпчүлүгү жылдап акысыз иштеп, жугуштуу ооруларга да кабылышат.
Бир курулушта 50-60 эркек адам иштесе, ал жерге эки кызды алпарып, баалап берген учурлар бар экен.


Дал ушундай оор турмушка кабылган кыргызстандыктардын саны жыл санап көбөйүүдө, дейт “Голден Гоал” уюмунун президенти Алишер Мамажанов:

- Эл аралык эксперттердин берген баасы боюнча, сатылган адамдардын саны бул жылы өткөн жылга салыштырмалуу миң адамга көбүрөк болгон. Мисалы, өткөн жылы 4 миң адам сатылды деген маалымат болсо, 1 жылдан кийин бул сан 5 миңге чыкты. Биздин уюмдун баасы боюнча, алардын 70%ы эмгек кулчулугуна, 30%ы сексуалдык кулчулукка сатылышат.

Ош облустук миграция кызматтары 2009-жылдын алгачкы алты ай ичинде эле адам сатуу факты боюнча он кылмыш иши козголгонун, бул жаатта укук коргоо органдары да жигердүү иштеп жатканын белгилешет. Бирок бейөкмөт уюмдар миңдеген адамдар мыйзамсыз сатылып жаткан бул аймакта мындай аракет жетишсиз экенин айтышат.

Коңгуроо качан кагылат?

“Голден Гоал” уюмунун жетекчиси Алишер Мамажановдун айтымында, сексуалдык кулчулукка бааланган кыздар миңдеген долларга сатылат:

- Түркияга же Араб Эмираттарына сатылган кыз-келиндер 3 миң АКШ долларына бааланат экен, эгерде ал турмуш кура элек кыз болсо 10 миң долларга чейин болот дешет.

Ал эми Орусия менен Казакстанга эмгек кулчулугуна сатылгандар, сексуалдык кулчулукка сатылгандарга караганда, алда канча арзан бааланары айтылат. Бирок дегеле кулчулук азабын тарткан атуулдар психологиялык, моралдык, материалдык жактан оор жабыр тартканы аз келгенсип, жугуштуу ооруларга да кабылып жатышат дейт миграция боюнча эл аралык уюмдун түштүктөгү координатору Химия Сүйөркулова:

- Мындай окуялар бар: Бир курулушта 50-60 эркек адам иштесе, ал жерге эки кызды алпарып, баалап берген учурлар бар экен. Ал кыздар күндүз тамак-аш жасап, кир жууса, түнкүсүн сексуалдык зордук-зомбулукка кабылышат. Демек бир адамда эмне оору болсо, ал баарына таркайт да. Ошондой оор акыбал болуп жатат.

Бирок кыргыз бийлиги миндеген мигранттар тушугуп жаткан мындай көрүнүш тууралуу дээрлик ооз ачпайт, тескерисинче, президент баш болуп мигранттардын сырттагы жашоосу жакшы экенин дайыма белгилеп келишет.
Түркияга же Араб Эмираттарына сатылган кыз-келиндер 3 миң АКШ долларына бааланат экен.


Бейөкмөт уюмдар болсо кулчулукка сатылган кыргыздардын саны улам артып, кыз-келиндер Араб Эмираттарында 3 миңден 10 миң АКШ долларына чейин бааланып, азап чегип жатышканына коңгуроо кагышууда. Эксперттер дүйнө жүзү боюнча адам соодалоодон 7 млрд. доллардан ашык киреше түшөрүн ырасташкан.

"Азаттыктын" архивинен: Мигрант экспресс: Кош кал, Дүйшөмбү

Жыл сайын миңдеген мигранттар Тажикстандан Орусияга иш издеп кетишет. “Азаттыктын” кабарчысы Александр Кулыгин тажик мигранттары менен бирге ушундай сапарлардын бирине чыккан. ZMa

Мигрант экспресс – 1-бөлүк: Кош кал, Дүйшөмбү
please wait

No media source currently available

0:00 0:05:40 0:00

Өзбекстанда шайлоо таза өткөнүнөн шек чоң

Ташкендеги шайлоо бекетинин биринде. 2007-жылдын 23-декабры, ЕККУ архивинен.

Бүгүн (27-декабрда) Өзбекстандын парламентинин төмөнкү палатасына шайлоо жүрдү. Кыргызстанда жашаган коңшу өлкөнүн жарандары жана бейөкмөт уюмдар саясий өнөктүк адилет өткөнүнө ишенбей турушат Алар Ислам Каримовдун режими алмашмайынча, мамлекетте демократия жөнүндө кеп кылуунун кажети жок деп эсептешет.

Бирок анын жыйынтыгы эки күндөн кийин жарыяланаары күтүлүүдө. Маалым болгондой, 150 мандаттын он беши өлкөнүн экологиялык кыймылына автоматтык түрдө буга чейин ыйгарылган.

Ошентип, саясий таймашка элдик демократиялык, «Адолат» социалисттик, «Мили Тикланиш» ("Улуттук Кайра Жаралуу") жана Либералдык партиялар катышты. Айтмакчы, аталган саясий уюмдар 2007-жылы Ислам Каримовду бир ооздон президентикке талапкер катары сүрөшкөн эле.

Өзбекстандык атуулдун пикири

Ош шаарында жана облусунда Өзбекстандан ооп келген, бирок артына кайтууну каалабаган кишилер жүздөп саналат.

Алар өлкөсүндөгү парламенттик шайлоолорго кайдыгер эместигин билдиришүүдө. Алардын бири Бахрамжан Кахраманов «Азаттыктын» кабарчысына мындай дейт:

- Өзбекстанда демократия деген система жок. Анда жалгыз гана киши, тактап айтканда, президент башкарат. Аны баары кудайындай көрүшөт, а түгүл өлгүдөй коркушат. Мен Жогорку Кеёештин төмөнкү палатасына шайлоо калыс жүргөнүнө ишенбейм! Жөн эле акча коротушту. Мындан ары Ислам Каримов дагы бир жолу президентикке талапкерлигин койгонго жүз пайыз шанс алды, - деди Ош шаарында жашаган өзбекстандык Бахрамжан Кахраманов.

Серепчинин пикири

Канеткен күндө да Өзбекстандагы акыркы шайлоодон үмүт кылып, бирок байкоо жүргүзүүгө жолотулбаган Оштогу «Акыйкат сот – чындык» бейөкмөт уюмунун директору Равшан Гапиров коңшу өлкөдөгү саясий жараян калыс өткөндүгүнө түк ишенбейт.

Ал чечүүчү мезгилде баш кошууга жарабаган өзбекстандык кесиптештеринин мажирөөлүгүн жана коркоктугун кескин сындады.

Ошентсе да, оштук серепчилер Өзбекстан Советтер Союзу кулагандан кийин эле тоталитардык өлкөгө айлангандыгын, ал жерде адам укугу туурасында кеп кылуунун кажети жоктугун билдиришүүдө.

Анткени, өлкөдө Каримовдун режимине каршы сүйлөгөндөрдү ачык жана тымызын куугунтуктоо кадыр эсе көрүнүшкө айланган. Талдоочу Керим Калыкуловдун пикиринде расмий Ташкен атуулдук коомго карата кыйла жылдарга созулган катаал саясатын өзгөртпөсө, акыры кайгылуу бүтүшү ыктымал.

Т.Тургуналиев: Борбор Азияда тоталитардык диктатура орноп жатат

Топчубек Тургуналиев. 2009-жылдын 18-январы.

Өзбекстандагы шайлоого чыныгы демократияны көздөгөн партиялар катыша алышпады. "Буга Ислам Каримовдун диктатурасы жол бербейт" дейт кыргыз саясатчысы Топчубек Тургуналиев.

Жекшембиде (27-декабрда) Өзбекстанда парламенттик шайлоо өттү. Шайлоого катышууга расмий каттоодон өткөн өкмөтчүл төрт гана партия уруксат алган.

Өзбекстандагы шайлоого чыныгы демократияны көздөгөн партиялар катыша алышпады. "Буга Ислам Каримовдун катаал диктатурасы жол бербейт", - деп айтты Борбордук Азиядагы Демократиялык Конгресстин төрагасы, "Бириккен Элдик Кыймылдын" мүчөсү Топчубек Тургуналиев.

"Азаттык үналгысынын" кабарчысы саясатчы, философия илимдеринин кандидаты Т. Тургуналиев менен жекшемби күнү, 27-декабрда маек курду.


- Ошол куугунтукка кабылган партиялар азыр жок болуп кетиштиби?

- 1991-жылдан бери Борбордук Азиядагы демократиялык конгресстин төрагасы болуп иштеп жатам. Буга Кыргызстан,Тажикстан, Өзбекстан, Түркмөнстан жана Казаксnандын демократиялык уюмдары кирет. Акыркы жылдары 2-3 жолу Европага барып качып жүргөн демократия лидерлери менен жолугушуп келдим.

Өзбекстанда эч качан чыныгы демократия баштала элек жана болгон эмес. “Эрк” партиясынын лидери Мухамед Салих - атактуу акын, ал Европада качып жүрөт үй-бүлөсү менен. “Бирлик” деген партия адегенде 1989-жылы абдан күчтүү коомдук кыймыл болуп турган. Ал андан кийин партияга айланган. Анын башчысы атактуу, техника илимдеринин доктору Абдурахим Пулаттын башы-көзүн жарып, ал тиги 1993-жылы качып кеткенге мажбур болгон. Анын инисин укук коргоочу Абдуманап Пулатты болсо өзбектин тыңчылары уруп согуп Бишкектен уурдап кетишкен. Дагы бир партия бар “Озод дехконлар” деген, анын башчысы аял кишини да куугунтуктаган.

Ал эми учурдагы Өзбекстандагы 4-5 партия - алардын бүт бардыгы Ислам Каримов эмне десе ошону кайталай турган "ляппайчы" партиялар. Алар чыныгы демократия үчүн күрөшкөн эмес жана күрөшпөйт да. Ал жакта да үй-бүлөлүк бийлик. Каримовдун жоон таягы эчак эле үй-бүлөлүк диктатураны орноткон. Ал 1991-жылы комунисттик партияны бир түндүн ичинде “Элдик демпартия” деп атап, ага 260 миң киши компартиядан ошол аты өзгөргөн партияга өткөн. Азыркы Каримовдун партиясы ошол кездеги компартиядан көп деле айырмасы жок.

- Ошол сиз атап кеткен куугунтукка алынган “Эрк”, “Бирлик” партиялары кандайдыр бир денгээлде Өзбекстан элин кайрадан өзүнө ишендире, бура алабы?

- Жок. Мисалы“Бирлик” партиясына тыюу салынган, “Эрк” ,“Озод дехконлар”партиялары ачык иштей алышпайт. Бир кезде “Бирлик” партиясы аябай күчтүү болуп турган. Азыр дагы “Бирликтин” мүчөлөрү өлкөнүн баардык дубандарында бар. Бирок алардын башчыларын эчен жолу куугунтуктап, камап, өлтүргөнүн өлтүрүп, бир канчасын түрмөгө салган.

- Айрым саясат таануучулар Кыргызстанда да Өзбекстандагыдай саясат орноп жатат, сталинизмдин жаңы жумшак түрү түптөлүп жатат деп айтып жатышат.

- Акаевдин мезгилинде авторитардык бийлик дечү элек. Эми Бакиевдин учурунда авторитардык бийлик өтө тездик менен тоталитардык диктатурага айланды. Саясий куугунтук репрессия - террорго айланып кетти. Ал эми сталиндик бийликти канчалык "тигиндей-мындай" дегенибиз менен, ал эч качан атадан балага кала турган хандыкты жүргүзгөн эмес. Ал диктатуранын таптакыр башка түрү болгон. Ал эми учурда бизде болсо, ошол эле Өзбекстанда, Казакстанда, атадан балага кала турган байыркы хандыкты көздөгөн саясат жүрүп жатат.

- Рахмат маегиңиз үчүн.

Өзбекстанда парламенттик шайлоо

Ташкендеги шайлоо бекеттеринин биринде. 2007-жылдын 23-декабры, ЕККУнун архивинен.

Бүгүн Өзбекстанда парламенттик шайлоо өттү. Борбордук шайлоо комиссиясынын билдиргенине караганда, шайлоочулар добуш берүүгө жогорку активдүүлүк менен катышты. Шайлоо өлкө парламенти – Олий Межлистин төмөнкү палатасындагы 135 орун үчүн өткөрүлдү. Төмөнкү – Мыйзам чыгаруу палатасындагы мандаттардын саны мурдагы 120дан 150гө көбөйтүлгөн. Өзбекстанда добуш берүүгө укуктуулардын жалпы саны 17 миллион адам.

27-декабрдагы парламенттик шайлоого катышууга расмий каттоодон өткөн жана президент Ислам Каримовдун саясатын колдогон төрт саясий партияга гана уруксат берилди.

Алар: Либералдык- демократиялык партия, Өзбекстандын Элдик демократиялык партиясы, “Милли Тикланиш” ("Улуттук кайра жаралуу") жана “Адолат” Социал-демократиялык партиялары. Ошондой эле 15 орун дароо эле Өзбекстан Экологиялык кыймылына берилген.

Өзбекстандык мурунку мамлекеттик кызматкер, мурунку элчи, учурда качкын макамы бар Ташпулат Юлдашев добуш берүүгө барган жок:

- Жок. Мен добуш берген жокмун. Анткени мен муну мааниси жок деп ойлойм. Мен шайлоолорго көптөн бери барбайм. Анткени, менен аялым шайлоо комиссиясынын мүчөсү болчу, андыктан мен иштин баары кандай жазалаарын билем. Ошондуктан, андай иш чарага катышуунун эч мааниси жана зарылчылыгы да жок,- деди Ташпулат Юлдашев.

Бул шайлоо Өзбекстандагы башкаруу системасына өзгөрүү алып келеби, башкаруучу режимге таасир эте алабы деген мааниде саясий серепчи Улан Жуманаев мындай пикирин билдирди:

- Эми бардыгы түшүнүктүү да. Мен Өзбекстанга качан башка система орноорун билбейм. Бирок азырынча бул шайлоолор баягы орусча айтканда жөн эле шайлоо өттү аты да.

Улуттар Уюмунун эксперти, геоэколог Николай Дронин Өзбекстан Экологиялык кыймылына дароо парламенттен орун берүү менен эл аралык коомчулукка көз боемочулук кылгандай деген пикир менен бөлүштү:

- Каримов бул шайлоо демократияны сыноо деп атады. Ал эми парламентте экологиялык фракциянын пайда болушу ошол демократиялык кадамды далилдөө катары тартууланды. Албетте, бул батыштык байкоочуларга карата жакшы уюшулган табылга, ал эми жашылдар болсо парламентке өтүштү. Кантсе дагы Батыш аларды түшүнүп эле турат, бирок Өзбекстан менен талашып-тартышкысы келбейт. Эмне үчүн? Анткени, Ооганстанда чоң аскерий операциялар күтүлүп жатпайбы. Демек, жашылдар дагы бул жерде өз ролун ойнойт.

Журналист Каарманбектин оюнча Өзбекстанды канчалык сындаган менен шайлоо жараянын өтүшүнүн өзү өлкө үчүн жакшы көрүнүш:

- Канчалык тоталитардык режим деп аталбасын, мындай шайлоону өткөрүү менен Өзбекстан өзүн демократиялык мамлекетмин дегенди көрсөттү. Ал эми шайлоо канчалык деңгээлде таза, ишенимдүү өттү – ал башка маселе. Демек, Өзбекстандын демократиялык өлкөмүн дегенинин өзү жакшы башталыш.

Өзбекстандын Бишкектеги элчилигинде добуш берүү кандай жүрүп жатканын билүү үчүн барган кабарчыбыз куру кол кайтты. Элчиликтен кабарчыга маалымат берүүдөн таптакыр баш тартышты.
Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык уюму шайлоого байкоочуларын жиберүүдөн баш тарткан. Ага негиз катары Өзбекстандагы шайлоочуларга бирдей саясий атаандаштык укугун камсыз кылбагандыгын белгилеген.

Камиля Садыкова Либерал демократтар партиясынын мүчөсү, бирок ал өз партиясынын тизмесине илинбей калган. Анын себеби тууралуу "Азаттыктын" өзбек кызматына мындайча билдирди:

Менин жогорку билимим бар. Мага акчанын кереги жок, мага өкмөттүк кызматтын да кереги жок. Мен өз өмүрүмдү өлкөм, президент үчүн садага чапканга даярмын. Бирок мени ээлеген кызмат ордуң жок, өкмөттө сени колдогон кишиң да жок деп талапкердигимди каттабай коюшту. Алар мени шылдыңдап, талапкерлердин тизмеси эбак түзүлгөн деп айтышты. Бирок мыйзам боюнча, талапкердигимди койгонго менде дагы убакыт бар болчу. Бул тууралуу президент Каримов билбейт болуш керек.

Эгер Камиля Садыкова тизмеге илингенде, бул жолку шайлоодо парламентке депутат болуп калышы мүмкүн болчу, анткени жакында Өзбекстанда парламенттеги орундардын отуз пайызын аялдарга берүү тууралуу жаңы мыйзам кабыл алынган.

Өзбекстандын «сырты жалтырак» шайлоосу

Ислам Каримовдун "басмайылы" дале былк этпеген бойдон

Өзбекстанда 27-декабрда парламенттик шайлоо өтөт. Бул күнү парламенттин кеңейтилген төмөнкү Мыйзам чыгаруу палатасындагы 135 орун үчүн добуш берилет. Добуш берүү буга чейинки шайлоолордой эле демократияга шайкеш келбегени менен анын сырт көрүнүшүндө «демократиялык» айрым өңүттөр болоору айтылууда.

Өзбекстандагы шайлоо өнөктүгүндө каттоодогу төрт партия бири-бирин сынга алышууда. Сөз эркиндиги көзөмөлдөгү, адам укуктары чектелген өлкөдө ушунун өзү эле шайлоочуларга «нагыз» демократиядай көрүнүшү мүмкүн, бирок партиялар ортосундагы кайым айтышуу коомдук турмуштун талуу маселелерин, өкмөттүк реформалар боюнча курч суроолорду кыйгап өтүп, көбүнесе бири-бирине асылмай менен чектелүүдө.

Өлкөдө бүгүн каттоодо төрт партияда бар. Элдик Демпартия, "Адолат" Социалисттик Демпартия, "Мили Тикланиш" же Улуттук кайра жаралуу, жана Либералдык Демпартия. 2007-жылдагы президенттик шайлоодо алар бир ооздон президент Ислам Каримовду өздөрүнүн талапкери катары көрсөтүшкөн.

Каримов ал ирет жаңы түзүлгөн Либералдык Демпартиянын сунушун кабыл алган. Андан бир нече жыл мурда Каримов Өзбекстандагы партиялар бир бирине куюп койгондой окшоштугун сынга алган эле. Азыр эми шайлоонун алдында айрым партиялар мына ушул сын пикирден сабак алгандыгын көрсөтүп, бир бирин сындаганга өтүштү.

Адолат партиянын саясий кеңешинин мүчөсү Камола Хамидова 21-декабрда ЛДП партиясына мындайча кине койду:

– ЛДП өзү ишкерлердин партиясы, бирок өз шайлоочулары менен кызматташа албайт. Алар өз мүчөлөрүнүн да укуктарын коргобойт деп угуп жүрөбүз.

Мурдагы коммунисттик, азыркы Элдик демократиялык партиянын «Өзбекстан добушу» деген гезити да октябрдын сегизиндеги санында ЛДПны бутага алып, «бул партия өзүн көкөлөтө мактап, башкалар туурасында орунсуз сүйлөйт» деп жазган эле.

2004тө ЛДП биринчи жолу шайлоого катышып, дароо эле парламенттеги добуштардын көпчүлүгүн жеңип алган. Ал эми Элдик Демократтар мүчөлөрүнүн саны боюнча Өзбекстандагы эң ири партия болгону менен, 2000-жылдан бери мүчөлөрүнүн саны эки эсеге кыскарып кеткен. Октябрда партиянын төрагасы Латиф Гулонов «ар бир шайлоо чөлкөмүндөгү ар бир орун үчүн күрөшөрүн» жарыялаган.

Быйылкы парламенттик шайлоонун олуттуу өзгөчөлүгү көз карандысыз талапкерлерге тыю салынганы болуп калды. Буга чейин Өзбекстандын шайлоо мыйзамы көз карандысыз жана демилгечил топтордун талапкерлерине мүмкүндүк берчү. Быйыл катталган төрт партиядан гана шайлануу мүмкүн. Алардын ичинде да каалаган эле талапкер боло албайт.

Камиля Садыкова
ЛДП партиясынан, ал өз партиясынан тизмеге илинбей калганда, анын себеби "Азаттыктын" өзбек кызматына мындайча билдирди:

Менин жогорку билимин бар. Мага акчанын кереги жок, мага өкмөттүк кызматтын да кереги жок. Мен өз өмүрүмдү өлкөм, президент үчүн садага чапканга даярмын. Бирок мени ээлеген кызмат ордуң жок, өкмөттө сени колдогон кишиң да жок деп талапкердигимди каттабай коюшту. Алар мени шылдыңдап, талапкерлердин тизмеси эбак түзүлгөн деп айтышты, бирок мыйзам боюнча, талапкердигимди койгонго менде дагы убакыт бар болчу. Бул тууралуу президент Каримов билбейт болуш керек.

Камиля Садыкова тизмеге илингенде, быйыл парламентке өтүп кетиши мүмкүн болчу, анткени жакында парламенттеги орундардын 30 пайызын аялдарга берүү тууралуу жаңы мыйзам кабыл алынган.

Өзбекстан: Сабира Күмүшалиеваны тарткан сүрөткер куугунтукта

Умида Ахмедова

Журналисттердин "Кавказия" эл аралык биримдиги Ташкенде сүрөтчү жана документалдуу фильмдердин автору Умида Ахмедовага гендерлик темадагы чыгармалары үчүн кылмыш иши козголгондугун айыпташты.

Тыйуу салынган чыгармалар

"Азаттыктын" өзбек кызматы билдиргендей, Ахмедовага каршы кылмыш иши анын аялдар менен эркектердин күнүмдүк жашоосу тууралуу 110 сүрөттөн турган фото-альбомуна байланыштуу козголгон.

Өзбекстандагы карапайым адамдардын турмушун чагылдырган бул сүрөттөрдүн биринде кызыл-тазыл көйнөкчөн кыздын гүл коюлган терезенин жанында турганын, сары көйнөк, кызыл туфли кийген орус кыздын артындагы жумушчулардын фонунда телмиргенин, боегу түйрүлгөн темир дарбазанын алдындагы ташта аял менен эркектин отурганын көрөбүз.

Умида Ахмедованын азыр ушул өңдөнгөн сүрөттөрү "өзбек улутун каралайт"
Бул өңдөнгөн сүрөттөрдү ташкендик тергөөчүлөр "өзбек улутун шылдыңдайт" деп баалап, прокурорлор ага каршы кылмыш кодексинин «жаманатты кылуу» жана «каралоо» деген эки берене боюнча кылмыш ишин козгошту.

"Азаттык" менен маегинде Ахмедова өзүнө коюлган айыптоо боюнча буларды билдирди:

- Швейцариянын элчилигинин гендерлик программасы менен «Аял менен эркек: таңдан кечке» деген фото альбом чыгаргам. Андан үч жыл мурда «Эркек менен аял: үрп-адаттар» деген даректүү тасма тарткам. Кийин «Кыз болуунун оор жүгү» деген тасмам чыккан. Бул чыгармаларым үчүн эми кечирим сурашымды каалап жатышат. Адвокатка эч жакка кетпесин деп айтышты. Бул нагыз өзүм билемдик болуп жатат.

"Азаттык" кайрылганда, Акмедованы суракка алган тергөөчү Нодир Акматжанов сүрөткерди сүрөттү тартып, аны чет өлкөгө бергени үчүн күнөөлөдү:

- Бул сүрөттөрдү швейцариялыктарга бербеши керек болчу. Баарын берген. Мейли сүрөттү өзү үйүндө көрүп отурса, биз ага каршы эмеспиз. Берип салып жатпайбы. Китеп басып чыгарышкан. Кийин видео фильмин да берген. Аны дискиге чыгарышкан. Чыгармачыл адамдын чыгарма чыгарышка албетте акысы бар, бирок тергөө ал «элге акаарат келтирип, каралаган» деген жыйынтык чыгарды. Биз экспертизанын жыйынтыгына жараша иш алып барабыз да.

Сынчынын сыңар өтүгү майрыкпы?

Журналисттердин «Кавказия» уюмунун катында айтылгандай, Швейцариянын Гендерлик программасы Өзбек өкмөтүнүн гендерлик теңдик саясатынын негизинде ишке ашырылган. Азыр кылмыштуу делген фото альбомго эки жыл мурда Өзбекстандын Басма сөз жана маалымат агенттиги эң жогорку баа берген.

Коомчулук расмий Ташкенди куугунтукту токтотууга чакырат

Журналисттер өзбек элинин аброюна эмне үчүн аталган агенттик күрөшүп жаткандыгына таң калганын белгилеп, сүрөткерге каршы козголгон кылмыш ишин «караңгылыктын жана демократиядан чегинүүнүн» белгиси деп баалашты.


Умида Ахмедова тарткан Сабира Күмүшалиеванын сүрөтү
16-декабрдан бери бул катка дүйнөнүн чар тарабынан жүздөгөн киши, анын ичинде Кыргызстандын жарандары да электрондук кол тамгасын кошушту.

Умида Ахмедова учурунда СССРдин эл артисти, кыргыздын чыгаан театр жана кино актрисасы Сабира Күмүшалиеванын да сүрөтүн да тарткан.

Анда ак элечек кийген улуу актриса бырыш баскан жүзүн күзгүдөн ойлуу карап турат (солдогу сүрөт).

Бул сүрөт азыр "соттолуп жаткан" альбомго кирген эмес.

Добулбастардын доошун ким баскысы келет?

Геннадий Павлюк Кыргызcтанда жаңы маалымдоо каражатын түзүү идеясы менен жүргөн.

Эл аралык уюмдардын кийинки кездери Кыргызстандагы сөз эркиндигинин абалына тынчсызданган билдирүүлөрү арбый баштады. Белгилүү журналист Геннадий Павлюктун өлтүрүлүшү, коркутуу, кысым көрсөтүүлөр көбөйүп, бул иштерге тиешеси барлардын жазасыз калып жатышы ойлондурууда.


Кыргызстандын Ички иштер министрлигинин маалымат кызматы соңку жылдары журналисттерге кол салуулардын толук эмес тизмесин жарыя кылды. Маалымдоо каражатынын өкүлүнүн өмүрү, коопсуздугуна байланышкан кылмыш иштердин текши баары ИИМ жетекчисинин көзөмөлүнө алынганы менен, жыйынтыгында ушу кезге чейин бир да күнөөлүүнүн жазаланбай келатышы жалаң эле медиа жамааттын эмес, эларалык уюмдардын да кабатырлануусун жаратууда.

Эксперттер эмне дейт?

Маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүнө каршы жасалып жаткан кылмыштардын арбып бара жатканы коомчулукту кооптонтуп жатканын президенттин пресс катчысы Алмас Турдумаматов да белгиледи.

- Акыркы учурда бизде, Кыргызстанда журналисттерге болгон кол салуулар көбөйүп кетти. Саны боюнча. Бул аябай өкүнүчтүү факт. Кол салуулар. Журналист эле эмес кандай гана адам болбосун ага кол салып басмырлоо туура эмес. Бирок маалымат каражаттарынын өкүлдөрү менен болуп жаткан бул окуялардын бардыгын бир караганга болбойт. Ар бир болгон окуяны өзүнчө караш керек.

Журналист Геннадий Павлюктун киши колдуу болушу, андан аз илгери саясат таануучу Александр Князев менен Александр Евграфовдун токмоктолуп, “Ош шамы” гезитинин кабарчысы Кубанычбек Жолдошевди мурда таякташкан бирөөлөрдүн ага автомат огун жөнөтүп коркутушканы – булардын баары Кыргызстандагы бир жума аралыгындагы окуялардын толук эмес тизмеси.
Укук коргоо органдары кылмыш жасагандарды кармап, айыптаганга аракети аз болуп жатат. А. Алагушев

Кыргызстандын Медиа өкүлү Акмат Алагушевдин ырасташынча, журналисттерди коркутуп-үркүтүү, кысым көрсөтүү, атүгүл анын көзүн тазалап коюу көнүмүшкө айланып баратат.

- Тенденция болуп атат да. Ошондуктан мен ойлойм, эң биринчиден биздин укук коргоо органдар кылмышты жасагандарды издеп, кармап, айыптаганга аракеттери азыраак болуп жатат.

Кыргызстанда орун алган калтыс жагдай ириде журналисттердин ишине, өлкөдө болуп жаткан маалыматтарды убагында объективдүү чагылдырышына тоскоол болуп жатканын “Медиа Полис” уюмунн жетекичиси Бегайым Үсөнова да ырастады.

- Жабыр тарткандар өздөрү күнөөлүү дешет. Антип эле тим болбой журналисттердин кесиптик деңгээли төмөн, өздөрү күнөөлүү дешет. Адам өмүрүнө кол салууну эч ким актабаш керек.

Бегайым Үсөнова журналисттердин өмүрүнө кол салуу боюнча козголгон кылмыш иштер боюнча бир да адам эмдигиче соттолбогонун, ачылган кылмыш иштердин көпчүлүгү убакты-сааты бүткөндөн кийин токтотулуп коюларын кошумчалады.

Кабатыр болгондордун катары көбөйүүдө
Кыргызстандагы оппозициялык саясатчылар журналист Г. Павлюктун өлүмүнө президент К. Бакиевди күнөөлөшүүдө."Нью-Йорк Таймс"

Кыргызстанда журналисттерди токмоктоп, өлтүрүп кетүүсүнө тынчсызданган билдирүүлөр арбын түшүүдө. “Нью-Йорк Таймс” гезити: "Кыргызстандагы оппозициялык саясатчылар журналист Геннадий Павлюктун өлүмүнө президент К. Бакиевди күнөөлөшүүдө, анткени өлтүрүлгөн журналист өлкөдөгү сын көз караштын күчөшүнө салым кошо баштаган”, деп жазды.
Геннадий Павлюкту акыркы сапарга узатууда жакындары маркумдун ушул сүрөтүн да көтөрүп турушту. 24-декабрь, Кара-Ой айылы.

Кыргызстандын коомдук парламенти Алматыда набыт болгон белгилүү журналист Геннадий Павлюк “Кыргызстанда адам укугунун кордолушуна, демократиялык принциптерден четтеп кетүү, өлкөдө сөз эркиндигинин жоголуп баратышына” кабатырланып, жаңы маалымдоо каражатын түзүү идеясы менен жүргөн жеринен өлтүрүлгөнүн айыптап чыкты.

Эркин журналисттин көзүн тазалашканы тууралуу үрөй учурган кабарды уккан эларалык “Чек араны билбеген репортерлор” уюму Казакстан менен Кыргызстан бийликтеринен күнөөлүүлөрдү тезинен издеп таап жазалоону талап кылды.

Жарым жыл ичинде Кыргызстанда журналисттер менен саясат таануучуларга каршы биртоп мыкаачылык иш-аракеттер жасалганын Кыргызстандагы АКШ элчилиги да билдирди. Хельсинки комиссиясы, Европа коопсуздук жана кызматташуу уюму, дагы башка эл аралык уюмдар кыргыз бийлигинен күнөөлүүлөрдү таап жазалоо, Кыргызстан өзүнө алган милдеттенмелерди аткаруу талабын коюшууда.


Тасмада: Геннадий Павлюк менен коштошуу

Алматыда мерт болгон кыргызстандык журналист Г. Павлюктун сөөгү 23-декабрда Бишкекке алынып келди. Жакындары маркум менен коштошууда.

Геннадий Павлюк менен коштошуу
please wait

No media source currently available

0:00 0:00:35 0:00

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG