Линктер

жума, 19-июль, 2019 Бишкек убактысы 07:31

Борбор Азия

Домодедово: кыргыз жараны мерт болду

Өлүм болгон жерге коюлган гүл, Домодедово, Москва, 25-январь.

Москвадагы жардырууда мерт болгон кыргыз жараны мекенине эртең жөнөтүлөт. Бул тууралуу Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги билдирүүдө.

Анын аралыгында, кыргыз экендиги болжонгон жараат алган кыз Москва ооруканасынын реанимация бөлүмүнөн чыгарылышы күтүлүүдө.



Каргашалуу дүйшөмбүдө 35 кишинин өмүрүн алган жардыруу болгон тапта Кыргызстандан учак болгон эмес, ошондуктан курман болгон кыргыз жараны Мурат Хакназаров ал жерге кандайча барып калганы азырынча белгисиз. Кыргызстандын Москвадагы элчилиги "Азаттыкка" кабарлагандай, маркумдун жанынан Кыргызстандын ички паспортунан башка эч кандай документ табылган эмес.

Элчиликтин юристи Алмаз Абдысияев буларды билдирди:

- Жардыруунун мезгилинде (учактан) чыгып келаткандар да, сыртта күтүп тургандар да жабыр тартышты. Баланын туугандары бизге чыккан жок. Анын жанында билет табылбаган соң, тергөөнүн да, биздин да оюбузча, ал Тажикстандан келген учактан бирөөнү тоскону барган, же аэропортко эл ташып, ошентип иштеп, оокат кылып жүргөн бала болгон.

Бишкекте Тышкы иштер министрлиги таркаткан кабарга ылайык, Хакназаров Мурат Худайназарович Тажикстанда туулган, улуту кыргыз, Сокулук районунун Жаңы-Жер айылында катталган. Хакназаровдун ысмы Кыргызстандын Москвадагы элчилигинде мигранттардын тизмесинде жок. Абдысияевдин айтымында, бюрократиялык формалдыктар бүткөндөн кийин, сөөк 26-январда Кыргызстанга жөнөтүлөт:

- Соттук, медициналык экспертизанын жыйынтыгы чыгып, аны алып кетүүгө уруксат алгандан кийин, эртең кечки авиа каттам боюнча жөнөтөбүз.

Анын аралыгында, Москванын бир ооруканасына жеткирилген, кыргызстандык экени болжолдонгон Гүласыл Пусурованын абалы оңоло баштады.

- Кыргызча сүйлөп атат деп айтып атышат. Ошол реанимация бөлүмүнүн врачтары менен байланыш болбой атат. Ал жакка эч кимди киргизбей жатат. Ошондуктан ошол дарылап аткан врачтардын маалыматына гана таянып жатабыз, - деди элчиликтин юристи Алмаз Абдысияев

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигине ылайык, Пусурова Гүласел Абдыбаитовна Кыргызстанда төрөлгөн, Орусиянын жарандыгын алган.

Пусурова жаткан 68-оорукананын реабилитация бөлүмүнүн башчысы "Азаттыкка" Пусурованын абалы канааттандыраарлык экендигин жана реанимациядан эртең чыгарылаарын гана бышыктады:

Дарыгер: - Кыздын атуулдугу Орусияныкы, ал Орусияда катталган. Анын абалы канааттандыраарлык.

"Азаттык:": Реанимациядан чыгарасыңарбы?

Дарыгер: Бүгүн эмес, эртең менен чыгарабыз. Бирок абалы канааттандыраарлык. Башка эч нерсе айта албайм.

"Азаттык:": Ал кандай жараат алган?

Дарыгер: Мен ал жөнүндө атайын уруксат болмоюнча эч нерсе айта албайм.

Москвадагы 68-оорукананын реанимация бөлүмүнүн бул өкүлү өз атын да атай албай тургандыгын билдирип, уруксатты ал Москва шаарынын саламаттык департаментинен алууга кеңеш берди.

Москва шаар бийликтери террордук чабуул деп бааланып жаткан Домодедоводогу жардыруудан каза тапкандарга жана жараат алгандарга акчалай компенсация төлөп берет. Элчиликтин маалыматына ылайык, набыт болгондордун жакындарына 2 (эки) миллион рубль, жапа тарткандарга 1 (бир) миллион рублдан берилет.

Жардырууда Өзбекстандын бир, Тажикстандын эки жараны көз жумуп, 13 тажик жараат алгандыгы айтылууда. Соңку маалымат боюнча, каргашада кеминде 110 киши жараат алды.

Домодедоводогу жардыруу үчүн Орусиянын президенти аэропортто коопсуздук чаралары начар болгондугун сындап, терроризм Орусиянын коопсуздугу үчүн башкы коркунуч бойдон кала берип жаткандыгын билдирди.

Кыргызстандын президенти Роза Отунбаева Орусиянын президентине көңүл айтты. Бишкектин жанындагы "Манас" аэропортунда коопсуздук чаралары күчөтүлүп жаткандыгы кабарланууда.

Жардыруунун курмандыктары эскерилүүдө
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:27 0:00

Ооганстандагы кыргыздар жардамга муктаж

Ооган парламентинин мурдагы депутаты Турди Ахун Атабек уулу "Азаттыктын" Бишкектеги студиясында.

Ооганстандын Памир өрөөнүндө бир жарым миңден ашуун кыргыз жашайт.

Ооган парламентинин төмөнкү палатасынын мурдагы депутаты Турди Ахун Атабек уулу «Азаттыкка» Анкара шаарынан телефон аркылуу курган маегинде Памир жергесиндеги кыргыздардын жашоо турмушунун оордугун айтып, Кыргызстан менен алакалар кеңейсе деген тилегин билдирди.

Турди Ахун Атабек уулу 46 жашта, 8 уул, 1 кыздын атасы. Кабул шаарында турат.


Ооганстандын Памир аймагында канча кыргыз бар?

- 1500 кыргыз Чоң Памир менен Кичи Памир деген эки айылда жашайт.

- Эки кыштакта мектеп, оорукана барбы?

- Эки Памирде мектеп бар. 4 жыл мурун курулган. Себеби өкүмат жетише албайт, мотор жолу жоктуктан көп нерсе жетишпейт, окута турган мугалимдер да жетишпейт. Мунун баары жолдун жоктугунан.

- Кыздар мектепке барабы?

- Кыздар мектепке барбайт. Кыздар эмес уулдарга жакшы даба (мүмкүнчүлүк) жок.

Мектепте окуу кайсы тилде?

- Фарсы, дари тилдеринде.

Эки айылда оорукана барбы?

- Оорукана жок.

Эгер айыл тургундары катуу ооруп калса, же кош бойлуу аялдар болсо алар кайда барат?

- Алар эч кайда барбайт, ошол үйдө жатат. Аллах өзү бир жардам берсе аялдар аман-эсен көз жарып алат. Кылбаса, өлүмгө баана (себеп) болот.

- Ооган парламентинде кыргыздарга канча орун берилет?

- Бир эле.

- Памирлик кыргыздарын негизги көйгөлөрү эмне?

- Машине жолу жок. Андыктан мектеп, китеп-дептер, электрондук заттар (компютер) жок, эч нерсе жок. Оогандагы кыргыздардын турмушу мал менен жашайт. Койлору, топоздору бар. Жалгыз эле мал. Эч нерсе өспөйт, арпа-буудай деген чыкпайт. Сабзи (жашылча-жемиш), же инсан жей турган чөптөр дагы болбойт. Эт гана жешет.

- Мал көппү? Маселен, бир үй бүлөдө канча кой, топозу бар?

- Эми элде баары тегиз эмес. Бирөөндө азыраак, бирөөндө көбүрөөк. Көп дегенинде 200-300 башка жете малы болсо, эң азында 10-15 майда малы, 2-3 топозу бар. Жашоо ошолор менен өтөт.

- Памирлик туугандар ооган жарандары да. Алардын жарандык паспорттору, балдардын документтери барбы?

- 30 жаштан өйдөсүндө документтери бар, андан ылдый жашында эч бир документ жок.

- Кыргызстан тарап, кыргыз бийлиги менен байланыштар барбы?

- Азыр анча жакын байланыштар жок. Памир менен Кыргызстандын ортосунда Тажикстан турат. Мен Кабылда турам. Кабылда Кыргызстандын элчилиги жок. Кыргыз бийлиги менен байланышыбыз жок.

- Кыргыз өкмөтү гуманитардык жардам менен бир кезде Памирге барып келди эле. Андай көмөктөшүү азыр токтоп калдыбы?

- Ооба, барышты эле. Азыр токтоп калды.

- Кыргызстанга көчүп келүүнү каалагандар барбы?

- Кыргызстанга көчүп келүүнү каалгандар бар. Ал үчүн акча жок, Кыргызстанда жашоо үчүн аларга үй болуш керек, жегенге тамак-аш керек, каражат керек. Мындагы кыргыздардын 4-5 миң доллар акча даярдап барууга мүмкүнчүлүктөрү жок да. Кыргызстан дагы анча каражат бере алат деп ойлобойм.

- Түркияга дагы мүмкүн болсо кыргыздарды көчүрүп келүү жолдорун издеп барыпсыздар. Маселе кандай чечилип жатат?

- Түркияга жарандыкка келишке ой-пикир да жок. Кыргызстан, Түркия болобу Ооганстандагы бизди көңүлдөн чыгарып койбой жардам кылсанар жакшы болбойбу.

- Кыргызстан тарап менен "тарыхый Ата Мекенибизге келели деп жатабыз. Ал үчүн эмне кылалы?" деген сүйлөшүү деги эле бир кезде болду беле?

- Кыргызстан тарап менен андай сүйлөшүү мурун бир убакта болгон эле. Биздин Кичи Памирде отурган Абдрашит хан деген ханыбыз 4-5 жыл мурун Кыргызстанга кайрылып, барып келген. Анан ал ойлоп-көрүп, эч кандай чечим кабыл алып, жолун таба алган жок. Анан ал адам дагы дүйнөдөн өтүп кетти. Андан бери кайрыла элекпиз эч кимге. Кайсы жол менен кайрылабыз? Ооганстанда Кыргызстандын элчилиги болсо дагы ал жерге барат элек. Анан жана мен айткандай элчилик дагы жок.

- Өзүнүз Кыргызстанга бардыңыз беле?

- Ооба, мындан 4 жыл илгери бир туристтик каржынын эсебинен бир көрүп келейин деп келгем. 4-5 киши болуп Бишкекте, Көлдө, Нарынга барып жер көрүп, айылчылап, кыргыздардын турмушун, оокат-ижараны көрүп кайттык.

- Памирлик кыргыздардын арасында Кыргызстандагы туугандары менен байланышты үзбөй кармап калгандары барбы?

- Ооба, бар, бар.

- Ооганстанда абал оор. Андай болсо дагы улуттук азчылыктарга, анын ичинде кыргыздарга жардам берилеби?

- Өкүмат тарабынан берилет. Бирок өкүмат жетише албайт. Жетише албагандыктан Памирге мотор жолун кура албай жатпайбы. Машине жолу болсо эле мектеп, оорукана, дагы турмушка зарыл көп инканиаттарды куруп бермекпиз дешет. Бечара оогандар деле жаман эмес, алардын өзүнүн мүмкүнчүлүктөрү кем да.

- Ооган өкүматы тыңып жол салып бере албаса, турмуш оор тейден турса памирлик кыргыздар, балким башка өлкөлөргө жер көтөрүп көчөбү, же туулган жерин байырлап отура береби? Жергиликтүү калктын ою кандай?

-Аны биз карап көрөбүз. Кайсы бир инканиат табылып, биздин Памирибизге машине жолу салынса, мектеп ачылса, ооруканалар салынып, шартыбыз оңолуп кетсе биз ошол Ооганстанда эле отурабыз. Бул жерге биз көнүп калдык, туулган жерибиз, кыргыз айтат эмеспи "киндик кесип, кир төккөн жерим", деп. Бизге да бу жашаган жерибиз ошондой жакшы көрүнүп калган, өскөн жер.

Эгер инканиаттар оңолбосо, анда Кыргызстанга, же дагы бир өлкөгө кайрылабыз. Бул да Алланын насиби.


P.S. Маекте диалектикалык өзгөчөлүктөр сакталды.

Каримов Брюсселге саясый убада берди

Президент Каримовдун визитине каршы Брюсселдеги митингден бир көрүнүш.

Бельгияда Өзбекстандын президенти Ислам Каримов дүйшөмбү күнү Еврокомиссиянын төрагасы жана НАТОнун башкатчысы менен кездешти.

Жосе Мануэл Барросу кездешүүдө Евробиримдикти Өзбекстандагы адам укугунун абалы жана саясый эркиндиктер сакталбаганы кооптондурганын айтканы ырасмий маалымдалды. Адам укугун коргоочу эл аралык уюмдар Еврокомиссиянын төрагасы Ислам Каримов менен жолугушаар алдында, Брюсселде нааразылык акциясын өткөрүшүп, Өзбекстандагы адам укугун абылын жакшыртууга чакырышты.
Еврокомиссиянын төрагасы Жозе Мануэл Барросу(оңдо) жана Өзбекстандын президенти Ислам Каримов(солдо) кездешүүдөн соңку кол койуу салтанатында.


Өзбек лидери 24-январда Еврокомиссиянын төрагасы Жосе Мануэл Барросу жана НАТОнун башкатчысы Андерс Фог Расмуссен менен жолугушту. Президент Каримовдун Жозе Барросу менен болгон кыска сүйлөшүүсүнүн мазмуну жөнүндө ырасмий билдирүү жасалбады.

Бирок Еврокомиссиянын төрагасынын кеңесеси кездешүү учурунда эки жак энергетикалык кызматташууну өнүктүрүү боюнча меморандумга кол коюшканын кабарлады. Билдирүүгө караганда, Барросу кездешүүдө Евробиримдикти Өзбекстандагы адам укугунун абалы жана демократиялык эркиндиктер сакталбаганы тынчсыздандырганын Каримовго айткан. Өз кезегинде президент Каримов “келечекте Өзбекстанда демократиялык реформа тереңдетилет” деп сөз берген.

НАТОнун башкатчысы Андерс Фог Расмуссен 24-январдагы маалымат жыйынында президент Каримовдун өтүнүчү боюнча аны менен кездешип жатканын баса белгилеген:

- Бул кездешүү Өзбекстандын президентинин өтүнүчүнө ылайык болуп жатат. Мен мындай кездешүү табигый иш деп билем. Өзбекстан бизге өнөктөш өлкөлөргө кирет.

Расмуссен ошондой эле Каримов менен болчу сүйлөшүүдө демократия жана адам укугу маселеси жөнүндө да пикир алмашуу болорун билдирди. Еврокомиссиянын өкүлү Пия Ааренкильде Гансен айым да Еврокомиссиянын төрагасы Жозе Барросу өзбекстандык мартабалуу конок менен кездешүүдө адам укугу маселеси сөзсүз козголорун маалымдаган:

- Еврокомиссиянын президенти учурдан пайдаланып, адам укугу маселесин, анын ичинде айрым конкреттүү окуялар тууралуу жана реформаны алдыга жылдыруу жөнүндө сүйлөшкөнгө пайдаланат. Баса, Өзбекстан менен адам укугу боюнча ырасмий диалог жүрүүдө.

Эл аралык адам укугун коргоочу уюмдар: Human Rights Watch, Чек арасыз кабарчылар уюму, Эл аралык мунапыс уюму жана башкалар Өзбекстан адам укуктары орой бузулган дүйнөдөгү өлкөлөрдүн тобуна киргенин, жүздөгөн адамдардын каны төгүлгөн 2005-жылкы Анжиян окуясы алиге изилденип, тиешелүү адамдар жазаланбаганын айтып, Каримовдун Брюсселге чакырылуусуна каршы экенин тынбай билдирип жатышты.

Дүйшөмбү күнү да Еврокомиссиянын Брюсселдеги башкеңсесинин маңдайында Ислам Каримовдун сапарына каршы укук коргоочулар митингге чыгышты.

Ал эми Борбор Азиядагы адам укугу үчүн биримдигинин төрайымы Надежда Атаева Өзбекстандын түрмөлөрүндө уруп-кыйноолор, адамдардын дайынсыз жоголуусу жана бийликке ыкрар келтирген адамдарды жалган доомат менен соттоо кеңири жайылган көрүнүшкө айланганына европалыктардын көңүлүн бургусу келгенин айтат:

- Мен учурдан пайдаланып, журналисттер коомчулугуна Өзбек түрмөсүнөн келген мына бу катты тапшырып койгум келет. Катта уруп-токмоктолгон жана адам ойлогус жолдор менен кыйналгандан улам акылдарынан ажырап калган адамдар тууралуу жазылган.

НАТОнун башкатчысы Расмуссундин билдиришинче, Өзбекстан Ооганстанга чек аралаш болгондуктан, эки жак Ооган жеринде кырдаалды стабилдештирүүгө бирдей кызыгат.

- Бизди ошондой эле Ооганстандагы жагдай кызыктырат. Өзбекстан, сиздерге маалым, Ооганстанга коңшу жайгашкан. Биз Ооганстандагы операцияларда Борбор Азия өлкөлөрү менен кызматташабыз. Биз 2009-жылдан тартып эле Өзбекстандын транзиттик жабдууларын пайдаланып келебиз.

Расмуссендин мына ушул сөзү Евробиримдик үчүн азыр Өзбекстан аркылуу Ооганстандагы НАТОнун күчтөрүн камсыздоо маанилүү экенин, ошон үчүн Ислам Каримов Брюсселде кабыл алынып жатканын күбөлөйт.

Президент Каримов КМШда жоготкон кадырын Брюсселден табат

Өзбек президенти Ислам Каримов жана Еврокомиссиянын төрагасы Жосе Мануэл Барросу. Брюссель, 24-январь, 2011

Өзбекстандын президенти Ислам Каримов бүгүн Бельгияда сапарда жүрөт. Эл аралык адам укугун коргоочу уюмдар Брюсселде дүйшөмбү күнү Каримовдун визитине каршы нааразылык акциясын өткөрүшүп, 2005-жылкы Анжияндагы кандуу окуяны адилеттүү иликтөөнү талап кылды.

Президент Ислам Каримов дүйшөмбү күнү Брюсселде Еврокомиссиянын төрагасы Жосе Мануэл Барросу менен кездешти. Азырынча кездешүүдө кайсы маселелер талкууланганы ырасмий түрдө жарыялана элек.
Бельгия. Өзбекстандык адам укугун коргоочу Надежда Атаева(солдо) Өзбекстанда абакта отурган адам укугун коргоочуларга эркиндик берүүнү талап кылып, Брюсселде өткөн митингде. 24-январь 2011


Эл аралык адам адам укугун коргоочу уюмдар: Human Rights Watch, Чек арасыз кабарчылар уюму, Эл аралык мунапыс уюму жана башкалар президент Каримовдун Брюсселге чакырылуусуна каршы экенин билдирип жатышты.

Дүйшөмбү күнү да Өзбек лидеринин визитине каршы Брюсселдеги Еврокомиссиянын башкеңсесинин маңдайында укук коргоочулар нааразылык акциясын өткөрүштү. Ошол жерде жүргөн Эл аралык кризистик топтун өкүлү Андрю Штрөлайндын “Азаттыкка” айтышынча:

- Демонстранттар “Анжиян - дале адилеттүү сотту күтүүдө. Үн чыгарбоо-убада кылынган прогрессти болтурбайт”,- деген ураандарды көтөрүп чыгышты.

Адам укугун коргоочу эл аралык уюмдардын пикиринче, Каримовду Брюсселде кабыл алуу-Евробиримдиктин өзбек диктаторун колдогонун шардана кылат.

Анжиян. 14-май 2005
Маалымат булактарынын, анын ичинде “Файненшл Таймс” гезитинин жазышынча, Еврокомиссия ырасмий Ташкен менен алаканы бекемдөөнү көздөсө, өз ара мамилени оңдоону Өзбекстандагы адам укугунун абалын жакшыртуу жана кичине да болсо саясый эркиндикке жол ачуу менен байланыштырыш керек болчу. Бирок Брюссель визит алдында Өзбек жетекчилигине мындай талап койгон жок.

Андрю Штрөлайндын сөзүнчө, Каримовдун визити- Брюсселди эл аралык коомчулуктун алдында оңтойсуз абалга калтырууда.

- Бул визит Еврокомиссияны уят кылчу күн. Еврокомиссиянын төрагасы эч кандай олуттуу жүйөөсүз өзбек диктаторун кабыл алууда. Бул визит Евробримдиктин тышкы саясатты координациялап жүргүзүүсү үчүн абдан маанилүү. Себеби, акыркы жылдары Биримдиктин Өзбекстан менен мамилеси начарлап кеткен эле. Барросунун диктатор менен кездешүүсүн эч кандай жол менен актап болбойт.

Жозе Мануэл Барросунун кеңсесинин маалымдашынча, Барросунун жана НАТОнун жетекчилиги Каримов менен өткөрчү сүйлөшүүсүндө
Кыргыз чекарачы өзбек качкындарынын конушуна көз салып турат. Бараш. 19-май 2005
Евробиримдиктин энергетикалык коопсуздугу жана Ооганстандагы согуштук операцияларды колдоо маселеси талкууланат.

Москвалык серепчи Владимир Мухиндин оюнча, Ислам Каримов Брюссел менен алкасын жакшыртуу аркылуу- Күнкорсуз мамлекеттер шериктештигинде акыркы мезгилде жоготкон кадырын көтөрүүнү көздөйт:

- Биринчиден, Каримов бу сапарында Евробиримдик менен кызматташууну жана гуманитардык байланышты жакшыртуу аркылуу өз ара мамилени оңдоону каалайт. Экинчиден, Каримов үчүн экономикалык байланыш баарынан маанилүү. Себеби ал өлкөдө казылган мунай-газды Батыш өлкөлөрүндө сатуучу жаңы жолдорду табууга өтө дилгир. Батыш Анжиян дагы кандуу булоондон кийин Каримовго артын салып кеткен. НАТО азыр Ооганстанда согушуп жаткан күчтөрүнө жүктү тынбай жөнөтүп турганга кызыкдар. А негизги транспорт жолу Өзбекстан аркылуу өтөт.

Мындай жагдайда, серепчилердин айтышынча, Ислам Каримов да өлкөнүн стратегиялык абалынан пайдаланып, Өзбекстандын Түндүк Ооганстандагы саясый позициясын бекемдеп алууну көздөйт.

Ош шаарындагы жамы мечитте

Ош шаарындагы жамы мечитте
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:40 0:00
Түз линк

Ж.Касаболотов: Маалыматтык коопсуздук тилден башталат

Жыргалбек Касаболотов

Конфликтолог, Коомдук телеканалдын Байкоочу кеңешинин мүчөсү Жыргалбек Касаболотов “Азаттыкка” курган маегинде маалыматтык коопсуздук жаатында айтып берди.

“Азаттык”: Жогорку Кеңеште июнь коогасын иликтеген Улуттук комиссиянын төрагасы Абдыганы Эркебаев депутаттардын суроосуна жооп берип жатып, Кыргыз мамлекети июнь коогасында маалыматтык кармашта жеңилгенин кайра-кайра белгиледи. Дегеле медиа эксперттер өлкөдө бирдиктүү медиа талаа болбогонун, өзгөчө кыргыз тилдүү маалымат каражаттары аксап жатканын деп айтып келатышат. Эмне себептен Кыргыз Республикасында маалымат каражаттары атаандаштыкка туруктуу болбой жатышат? Эмне себептен Талас, Чүй облусунда Казакстан, Орусиянын, Ош, Жалал-Абадда Өзбекстандын маалымат каражаттары басымдуулук кылып келет? Жалпылап айтканда өлкө Орусиянын медиа айдыңына көз каранды делет. Эмнеге 20 жыл эгемендиктен бери мындай абалдан чыга албай келатабыз?

Жыргалбек Касаболотов: Мунун көптөгөн себептери бар. Ички себептери жана тышкы себептери бар. Тышкы себептери ошол биздин мамлекеттин башындагылар өздөрү тышкы саясий таасирге туруштук бере албай, биздин өзүбүзгө пайдалуу кээ бир демилгелерди аягына чейин алып кете албай калган жактары болгон. Ички себептери болсо ички мүмкүнчүлүктөрү.

Дегеле буга чейин маалымат коопсуздугуна көңүл бурулган эмес. Бирок бул тууралуу айтыла баштагандан бери эле дегенде 5-6 жыл болду.

Эми негизги маселелер эмнелер болуп жатат? Биринчиден, өлкөдө бирдиктүү маалымат мейкиндигинин жоктугу. Бул сыналгыга байланыштуу. Түштүктө ошол Өзбекстандын өзбек тилдүү электрондук маалымат каражаттары басымдуулук кылат, түндүктө болсо Орусиянын орус тилдүү маалымат каражаттары басымдуулук кылат. Алар көп каражат жумшагандыктан алардын чыгарган программалары, продукциялары алда канча сапаттуу, көрүмдүү болгондуктан элдин баары ошону көрүп жатат.

Кыргыз мамлекетинде болсо бүт өлкөгө тарай турган маалымат каражаты катары эки эле электрондук маалымат каражаты болгон. Бул КТРК жана “Азаттык”. Кийин ЭлТР кошулду. Бирок “Азаттык” эл аралык экенин эске алганда, КТРК, ЭлТР жана дагы 2-3 канал калат экен. Ошол эле убакта тышкы каналдар абдан көп. Ошол эле Өзбекстанды ала турган болсок, алардын берген продукциясы да алда канча профессионалдуу болуп атат. Өзбек тилине которгондо, оригиналдуу продукция ошол өзбек тилинде жаралгандай кылып которуп коюп атышат. Биздикилер андай деңгээлге жете элек.

Экинчиден, биздеги маалымат каражаттардын чет өлкөлөрдө өздөрүнүн кабарчылык пункттары, өз кабарчылары да жок. Демек биз тышкы дүйнөнү караганда, бизге маалымат берип аткан тыштагы өлкөлөрдүн маалымат каражаттарынын көзү менен карайбыз. Андан тышкары ошол эле тыштагы маалымат каражаттарынын да Кыргыз мамлекетинде кыргыз тилин да, өзү иштеген маалымат каражатынын да тилин билген журналисттердин катмары өсүп чыга элек. Болгону “Азаттык” менен Би-Би-Сиде гана бар. Калган чет элдик маалымат каражаттардын өкүлчүлүктөрүндө башка жактын журналисттери, ошол мамлекеттин өкүлдөрү иштешет.

Эгерде Ош окуясында Кыргызстандагы ошол чет элдик өкүлчүлүктөрдө кыргыздар иштеген болсо, ошолордун өз кабарчылары бул жактан кабарларды берип турган болсо, анда бир топ кабарлар башкача өңүттө да кетмек.

Ош окуясында маалыматтык согушта утулганыбыздын бери дегенде эки-үч себеби бар. Биринчиси, маалымат булактары кимдер болду? Ким көбүрөөк кыйкырса, журналисттер ошолорго көңүл бурат. Анын үстүнө, дегеле дүйнөлүк практикада улуттук азчылыктардын үнүнө көбүрөөк көңүл бурулат. Экинчиден, чыр-чатактын зомбулук стадиясын чагылдыруу, жааташкандардын бир тарабы үстөмдүк кылып аткан убакка келип калды да. Ошол боюнча көргөн-билгендерин жазып алып, экинчи тараптыкын албаган бойдон кетип калышты.

Анын үстүнө, өзүбүздүн дагы күч органдардын жетекчилеринин, тиешелүү органдардын башчыларынын кемчилиги болду.

Эгерде чет өлкөлүк журналисттер ачык, бейтарап маалымат бергиси келсе, кандай болгон күндө да экинчи тараптыкын да берип, объективдүүлүк кылмак. Демек азыркы учурда элдин чет элдик маалымат каражаттарына, ал тургай ошол эле эл аралык стандартты карманабыз дегендерге да ишенбей, жактырбай карап калганы ошондон болду. Ал тургай мунун саясий резонансы, ЕККУнун полициялык миссиясынын келишине ишенбөө, нааразы болууга чейин алып келди.

“Азаттык”: Июнь айында ушундай жаман окуя болуп кетти. Ошол окуя учурунда маалыматтык саясатта көптөгөн кемчиликтер болгонун, өлкө бул жагынан жеңилгенин адистер, Улуттук комиссиянын мүчөлөрү, бийликтегилер өздөрү деле айтып атышат. Маалыматтык саясатты бекемдөө, жакшыртуу үчүн эмнелер керек?

Ж.Касаболотов: Маалымат каражаттарынын ичинен эң таасирдүүлөрү биздин шартта бул - электрондук маалымат каражаттары. Демек бул теле жана радио деген сөз. Биздин өкмөт тээ Акаев, Бакиев заманынан бери эле көптөгөн жыштыктарды башкага да бергиси келбей, өзү да тыңыраак колдоно албай, чечкинсиздик кылып басып жатат ошол жыштыктарды.

Ошол жыштыктарды биздин жарандарга, биздин юридикалык тараптарга бериш керек, конкурс менен. Ошол конкурстун шарттары мындай болсо: биринчиден, жок дегенде жалпы өндүрүмдүн 70 пайыздан кем эмеси кыргыз тилинде болушу керек. Экинчиден, журналистиканын жалпы стандарттарын сөзсүз түрдө сакташ керек, эч кандай кара пиарга жол бербеш керек. Үчүнчүдөн, өкмөттүн ырасмий маалыматтарына кайсы бир деңгээлде убакыт берилиши керек. Өлкөнүн бардык аймактарына тараш керек деген үч-төрт шартты коюп, жыштыктарды аянбай эле бериш керек эле. Ошондо алар бири-бири менен атаандашмак, бирок биздин өлкөгө керектүү, жалпы платформанын негизинде атаандашмак. Атаандашса атаандаша берсин, кайра жакшы.

Ошондой шартта талаптарды аткарыш үчүн жок эле дегенде кыргыз тилинде маалыматтар көбөйүп, жалпы эле мамлекеттик тилдеги маалыматтын көптүгү маалыматтык коопсуздук жагынан пайдалуу болмок.

Анан дагы бир нерсени туура түшүнүш керек: Ош окуясы, мурдагысы да, кийинкиси да башка этникалык топторду кыргыз улутунун тегерегинде интеграциялоо болбогону үчүн орун алды. Унитардык мамлекетте, дегеле кандай шартта болбосун сөзсүз түрдө негизги улуттун тегерегинде ошол мамлекеттеги башка этникалык азчылыктар интеграциялашкан убакта гана кандайдыр бир жарандык коомду түзүү тууралуу сөз кылса болот. Бизде болсо аң-сезими ар кандай багытта калыптанган жарандардын муундары өсүп чыкты. Азчылыктардын кээ бирлери Өзбекстанды карайт, кээ бирлери Орусияны карайт, кээ бири Батыш жакка үңүлөт, ошентип теги башка болсо да Кыргыз мамлекетин мекеним деген бирдиктүү көз караштагы, бирдиктүү менталитетте болгон адамдарды өстүрө алган жокпуз. Эми бизде ошону өстүрүү милдети турат.

Ал үчүн биз – мамлекеттик тилди өнүктүрүш керек. Өлкөдө иш кагаздардын баары, көрнөк-жарнактардын баары мамлекеттик тилде болгондо гана мамлекеттик тил мыйзамы күчүнө кирген болот. Калган убакта башка этникалык топтор өздөрүнүн тилин өнүктүрө берсин, ага шарттарды түзөлү, өз тилдеринде гезит-журнал ача берсин, маданияттарын өнүктүрсүн. Бирок Кыргыз мамлекетинде кыргыз тили үстөмдүк кылганда гана тил жагынан бирдиктүү, коммуникативдик платформа пайда болот деп айта алабыз.

“Азаттык”: Тил маселеси демекчи, Кыргыз тилдүү журналисттер биримдиги президентке, Жогорку Кеңештин төрагасына, анан премьер-министрге кайрылуу жолдошту. Ошол кайрылууда "мамлекеттик мекемелер маалыматтарын мамлекеттик тилде таратсын, иш кагаздары кыргызча болсун анан телерадио боюнча мыйзамдын сегизинчи беренеси аткарылсын" деп айтышты. Ушундай талаптар ошол жалпы платформанын түзүлүшүнө өбөлгө боло алабы?

Ж.Касаболотов: Кыргыз мамлекетинде туруп кыргыз тилдүү журналисттердин укугу бузулуп атат. Биринчи иретте өз тилинде маалымат алуу укугу. Мамлекеттик тил жөнүндөгү мыйзам бузулуп атат. Кыргыз өлкөсүндө мамлекеттик тил кыргыз тили болгондон кийин, демек бардык тараптарга таратылып аткан ырасмий маалыматтар биринчи кезекте мамлекеттик тилде болууга тийиш. Өлкөдө калктын басымдуу бөлүгүн кыргыз тилдүүлөр түзөт. Демек көпчүлүктүн укугу да бузулуп атат.

Андан тышкары, бул маалыматтын оперативдүүлүгүнө жана сапатына да таасирин тийгизип аткан нерсе бул. Эгерде мамлекеттик органдар жок дегенде биринчи кезекте журналисттер үчүн кыргызча маалыматтарды даярдап бергенди үйрөнүшсө, анда жок дегенде ошонун өзү да мамлекеттик тил жөнүндөгү мыйзамдын аткарыла баштоосуна өбөлгө түзөт болчу. Анткени алар иш-кагаздарын да ошого жараша оңдой башташат. Адегенде биз прецедент түзүш керек. Ошондой абалды түзүп, аны утуп алгандан кийин калган жактарын да ишке ашырганга өбөлгө түзүлөт.

“Азаттык”: Ошол эле маалда биз айтып аткан кыргыз тилдүү маалымат каражаттары өз продукцияларын сатууга, болгондо да мыкты сатууга, башкаруунун алдыңкы түрлөрүн колдонууга муктаждай. Медиа менеджерлер керектей. Себеби кыргыз тилдүү басылмалар 1000-2000 тираж менен чыгат, аны аз эле адам окуйт. Ошону менен эле кандай жакшы маалымат болсо да көмүлүп калып атат. Ошол маалыматтарды которуу, жайылтуу, заманга жараша интеграция болуу аракети жок. Бул жаата эмне айта аласыз?

Ж.Касаболотов: Кыргыз тилдүү басылмалардын өзүнүн профессионалдык проблемалары бар. Бул объективдүү жана субъективдүү проблемалар. Мисалы, объективдүү проблемалар катары алардын каражаты аз болгондуктан, күндө чыкканга, профессионалдык жагын көтөргөнгө мүмкүнчүлүктөрү жок. Субъективдүү жагын айтсак, көбү 90-жылдардагы журналистиканын деңгээлинде калып калышкан дагы, такталбаган маалыматтарды кетирүү, өзүнүн жеке пикирин таңуулоо сыяктуу нерселерге көп көңүл бурушат. Ушул жагынан кыргыз тилдүү басылмалар, гезиттер уттуруп атышат. Ишенимден да ажырап атышат. Эгерде булар фактыны так берип, өзүнө көбүрөөк ишеним туудура турган болсо, эл ошону көбүрөөк окумак.

Экинчиден, кыргыз тилдүү басылмалар азырынча улуттун эмес, кайсы бир саясий топтордун, күчтөрдүн куралы болуп атат. Бизде жалпы улуттук, жалпы жарандык маселелерди көтөрүп чыга турган, ошого багытталган басылмалар дээрлик жокко эсе. Бизде басылмалар көбүнчө көз карашы жагынан эмес, өзүлөрүнүн аркасында турган саясатчылардын же саясий күчтөрдүн ким экенине жараша бөлүнүп атышат. Чындап келгенде, кайсы басылма болбосун, кайсы маалымат каражаттары болбосун ал жарандык коомдун кызыкчылыгын коргой турган каражатка айланышы керек болчу. Жарандык коом дегенде биз кеңири түшүнүшүбүз керек, жалпы кыргыз элинин деп. Эми ал бара-бара түзүлүп кете турган нерсе деп ойлойм. Бара-бара өздөрү деле буга көңүл бөлүп, чечет деген ишеним бар.

“Азаттык”: Рахмат.

К.Өмүралиев: Июнь коогасына жоопкер бийлик адамдарына укуктук чара керек

Былтыр июнь айында орун алган коогалаңды иликтеген Улуттук комиссия Убактылуу өкмөттөгү айрым жооптуу кызматта турган адамдарды саясий жоопкерчилиги бар деп атоодо. “Кыргыз парламентарийлери коррупцияга каршы” уюмунун жетекчиси Кубанычбек Өмүралиев бул боюнча “Азаттыктын” суроолоруна жооп берди.

“Азаттык”: Июнь коогасын иликтеген Улуттук комиссия жыйынтыгын чыгарды. Жогорку Кеңеш да бул комиссиянын отчетун уккан атат. Бул комиссиянын корутундусунда, Убактылуу өкмөттө күч түзүмдөрүн башкарып турган адамдардын ысымдары аталып жүрөт. Аларды мамлекеттик кызматка албоо тууралуу да сунуштары бар экен. Саясий жоопкерчилик маселеси коюлгандан кийин логикага ылайык укуктук жоопкерчилик да каралышы керектей. Жөн гана жоопкерчиликтүү деп айтып коюп, укуктук жаза колдонулбаса боло береби? Кандай дейсиз?

Кубанычбек Өмүралиев: 1990-жылдардагы окуя, андан кийин Аксы. Кийинкиси былтыр июнда болуп өткөн коогага эң биринчи укуктук баа берилиши керек. Сөзсүз түрдө саясий баа дегени өзүнчө. Бул комиссиянын жыйынтыгы боюнча саясий жоопкерчилик айтылды да эми. Бирок укуктук баа берилиши керек. Эми бул комиссия өзү укуктук баа бере албайт. Булар ошентип саясий гана баа бериши керек эле. Ушундай болуп эле 90-жылдары дагы аягы бүтпөй калган. Биз билебиз, ал кезде да саясий баа берилип, ошол кездеги өлкө жетекчилери, республикадагы компартиянын жетекчилери, Ош облусунун, шаарынын башчылары деп айтылган, бирок ошол боюнча калып калган. Ары жагы ачык-айкын болбой калган.

Эми ал кездегиси түшүнүктүү, коом да, система да башка эле. Бирок азыр коомчулук үчүн, өзүбүздүн мамлекет үчүн, кийинки келечек үчүн баары бир укуктук баа биринчи кезекте болуш керек.

Мен азыр былтыр бийликте турган Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрүн күнөөлөгөндөн алысмын. Комиссия айтпадыбы, урушту кимдер баштаган, анын саясий башында диаспора башчылар турган, аны бийликте тургандар токтото турбай калган деген сөздөрдү. Ал жерде криминалдык топтор аралашкан деген сөздөр айтылды. Ушунун баары толук изилденип, ачык айтылмайын мындан жыйынтык чыгара албайбыз. Ошентип эң коркунучтуусу ушундай аракеттер көрүлбөсө мындай окуялар кайра кайталанышы мүмкүн.

“Азаттык”: Сиз айтмакчы 1990-жылдагы коогадан кийин легендарлуу парламент деле айрым адамдардын жоопкерчилиги боюнча саясий баа берген экен. Кийин ошол эле адамдар чоң кызматтарда жүргөнү айтылат. Кийин Аксы окуясында да жоопкер делип жүргөн адамдар кийин кайра эле чоң кызматтарда жүрүштү. Эмнеге ушундай окуялардын укуктук жагы каралбай келет? Саясий баа берилет, укуктук чаралар токтоп калат?

К.Өмүралиев: Эми мунун бир гана себеби бар. Анын себеби, биздин өзүбүздүн бийлик системасынын башынан ылдый карай чиригени деп койсо болот. Анткени бизде үч-төрт бийлик бутагы бар делгени менен иш жүзүндө баары бир кишиден көз каранды болуп келген. Мурдагы эки президенттин тушунда дал ошол кишилерден көз каранды болчу. Бирок азыр абал такыр башка да. Азыр саясий түзүлүш, система өзгөрдү. Эми бул канчалык иш жүзүндө иштеп кетет башка кеп. Убакыт көрсөтөт. Ошондуктан бул окуяларга сөзсүз түрдө укуктук баа берип калыш керек.

Мурда болсо саясий баа берилип эле, кайра ич ара сүйлөшүүлөрдөн кийин эле жабылып келген да. Биз билебиз, 90-жылдардагы Ош окуясына түздөн-түз күнөөлүү деген облустагы, шаардагы жетекчилер кийин кызматтарынан көтөрүлүп, ар кыл кызматтарда иштеп келген. Сот системасыбы, прокуратурабы, баары саясий буюртмаларды аткарып калган. Ошонун негизинде эле токтоп калып келген. Бирок мен азыр убакыт келди го дейм, укуктук баа берип, терең изилдеп чыгууга.

“Азаттык”: Азыркы бийлик түзүлүшүндө тең салмактуулук кайсы бир деңгээлде сакталган. Оппозиция да күчтүү, маалымат каражаттары да эркин болуп турат. Маселен эл аралык практикада саясий жоопкерчилик тагылгандан кийин, аркасынан укуктук чаралар көрүлөрүн билебиз. Ушундай абалдан пайдаланып укуктук чараларды көрүү мүмкүнчүлүгү пайдаланылабы?

К.Өмүралиев: Эгер укуктук бааны укук органдары, ошону тескеген укук органдары бербесе, азыр эми коом башка, баарыбир коом тынч жаткырбайт го. Мына азыр өзүңөр баштап КТРК, гезиттер баары эле эркин болуп калды. Эң негизгиси жанагы шейит кеткендердин арбагы тынч жаткырбайт да.

Эми Улуттук комиссия саясий баа бергенден кийин, башка баалар берилип аткандан кийин ошол кезде бийликте тургандар өзүлөрү түшүнсө өздөрү эле отставкага кетип калат дүйнөлүк практикада. Жумуштан алгыча эле өздөрү кетет. Менин оюмча биздин чоң чиновниктер акырындап ушундай маданиятка үйрөнөт го деп ойлойм. Өздөрү сезип, анча-мынча жоопкерчиликти өздөрү мойнуна алып, кечирим сурап, өздөрү жумуштан кетүү деген болот. Анан сөзсүз эле “сен күнөөлүсүң” деп көзүнө сайып көрсөтүп, сөзсүз эле “жумуштан кет” деп кубалатпай өздөрү кетчү маданиятка жетебиз деп ишенем. Ошентсе да баары бир терең изилденип, укуктук баа берүү керек.

“Азаттык”: Рахмат.

К.Молдошев: Кийик атууга мораторий киргизүү керек

Аксай, Арпада аркар-кийиктерди атууга мораторий киргизүү сунушу чыкты. Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы агенттигинин байкоочу кеңешинин мүчөсү, эколог Кайрат Молдошев "Азаттыктын" айрым суроолоруна жооп берди.

“Азаттык”: Нарын облусунун экологдору Аксайда аркар-кийиктерди атууга мораторий киргизүү сунушу менен чыгып атышат. Алар ырасмий документтерде ал жактагы аркар-кийиктердин саны көп көрсөтүлгөнү менен чынында бул тоо жаныбарлары абдан эле азайып кеткенин айтышууда. Мындай демилгени колдойсузбу? Дегеле ушул тоо жаныбарларын сактоо аракеттери кандай болуп атат?

Кайрат Молдошев: Албетте бул жакшы демилге болуп атат. Муну колдош керек. Себеби өзүңөр билесиңер, мындан бюджетке канча акча түшүп атканы боюнча маалыматтар так эмес. Ар лицензия алып алган кандай туристтик фирмалар иштеп атышат. Анан алар кийиктердин канчасы атып атат, канчасын алып кетип атат деген маалыматтар болбогондуктан, байкоолор боюнча тоо жаныбарлары азайып кеткен.

Өзүңөр билесиңер, мындан бир нече жыл мурда табиятка чыгып, аркар-кулжа атабыз деп тик учак менен чыгып кырсыктап кетишкен. Бул эки жолу болгон. Анан бизде байыртадан эле "Кожожаш" эпосу айтылып келген. Аркар-кулжа кыргыздын тотеми болуп эсептелинет. Ошол себептүү табияттын күчүн эске алып, жанагыдай кырсыктарды алдын алуу, сакталыш үчүн мораторий жарыялоого туура келет. Көтөрүлүп аткан бул демилгени мен толук колдойм.

“Азаттык”: Маселенин башка өңүтүн да айтып атышат. Мисалы, ошол аркар-кийиктерди атууга келген чет элдиктер кыйла акчаларды Кыргызстанга таштап кетип атканы, андан мамлекеттик казынага салыктар төлөнүп атканы айтылат. Бул боюнча так маалыматтар жок деп атасыз. Эмне себептен ушундай так маалыматтар жок? Ушуну сиздер байкоочу кеңештин мүчөсү катары талап кылбайсыздарбы?

К.Молдошев: Албетте болот. Биз эми жаңы эле кеңеш болуп түзүлдүк, президенттин жарлыгы менен. Ноябрдан бери иштеп атабыз. Анан быйылкы иш планга ушундай нерселерди киргизип атабыз, ачык-айкындык болсун деп. Анткени чындап эле канча түшүп атканын билбейбиз. Негизи аркар-кулжа атууга так ушул биздин Айлана-чөйрөнү, токой чарбаны коргоо агенттиги берет да лицензияны. Булардын бюджетин карап чыксак, иштеп аткан адамдардын айлыктары эң эле төмөн экен. Булар кантип иштеп жүрүшөт? Эми негизинен булар гранттар менен иштейт. Бирок биз жанагы сырттан аркар-кулжа атуу үчүн келген туристтерден канча түшүп атканын изилдейли деп атабыз.

“Азаттык”: Аркар-кийик атуу чоң бизнеске айланып кеткен деген пикирлер бар. Лицензияларды Айлана-чөйрөнү коргоо агенттиги берет деп айттыңыз. Андыктан бул маселеде булардын дарегине да көлөкө түшчүдөй. Маселен, чет элдиктер бир кийик атуу үчүн 5 миңден 10 миң долларга чейин төлөшөт делет. Кийиктин этин деле базарларда үстөлдүн астына катып алып сатып атканын көрүп жүрөбүз.

К.Молдошев: Булар биз менен иштешели деп эле атышат, андыктан көлөкө түшпөйт буларга. Анткени булардын өздөрүнө эле жакшы. Кайсы бөлүмү, кандай лицензия берип атат, кайсы маалга, канча жылга берип атат? Баарын караш керек.

Мисалы, лицензияны азыркы маалда, аркар-кулжа төлдөп аткан маалда бербеш керек. Анткени мунун кесепеттери жаман. Өз убактысы менен берип атышабы, канча берип атат? Ушул боюнча ачык иштегиле деп атабыз булар менен чогуу.

“Азаттык”: Бирок так ошол аркар-кийик төлдөп аткан маалда, февраль-март айларында аң уулоолор күчөп атканы айтылып келатпайбы. Сиз айткан тик учактардын кырсыкка кабылуусу март айында болгон. Бул боюнча көзөмөлдү күчөтүү керектир?

К.Молдошев: Албетте. Биздин бир мүчөнүн айтымында, Ысык-Көлдүн Саруу деген айылында баягы кырсыктар болоор алдында бугу көрүнгөн экен. Анан аксакалдар айткан экен, "токтоткула атканды" деп. Ошол жактагы көзү ачыктар да айтыптыр, “кырсык болот жакында” деп. Анткени көлдө элдин тотеми бугу да. Анан аксакалдар айтыптыр, “бул жаныбар адамга жакын башынан. Келип бизге кабар берип атат. Жанагыдай төлдөп аткан маалда атканды токтоткула” деп айтышкан экен. Бирок бул маалымат жеткен эмес да. Биз кийин угуп калдык муну.

“Азаттык”: Рахмат.

А.Улунян: Бишкекте теракттарды динчилдер жасаганына ишенбейм

"Жайшул махди" Бишкектеги спорт ордосунун жанындагы жардыруу үчүн да күнөөлөндү, 30-ноябрь, 2010

Ушул аптада Кыргызстанда Улуттук коопсуздугу боюнча мамлекеттик комитет соңку теракттар үчүн “Жайшул Махди” деген террористтик уюм күнөөлөңүп жатканын билдирди.

Орусиянын илимдер академиясындагы жалпы тарых институтунун илимпозу, Борбор Азия жана Балкан боюнча эксперт Артем Улунян Бишкектеги окуяларга “саясий исламды” жамынган башка эле күчтөр катышкан болушу мүмкүн деп эсептейт. Улуттук комитеттин билдирүүсүндө жаңы аталган уюмдун максаты Кыргызстанда жана Борбор Азияда халифатты түзүү экени айтылган эле. Эксперт Улуняндын айтымында, халифат идеясы өзү өтө чаржайыт кепке айланууда.

Артем Улунян:
Булардын халифат түзүү идеясы түшүнүксүз болуп турат. Маселен, “Хизб-ут Тахрирдин” так идеологиясы, максаты бар. Ал эми жаңы уюм халифат тууралуу сүйлөгөндө эмнени айткысы келгени белгисиз. Мына ушундай эле максатты Өзбекстандын Ислам Кыймылы деле билдирген. Мунун баары, жалпылап алганда, аймакта исламий башкарууну колго алган жумурияттардын түзүлүшүн жактаган айтылуу “саясий ислам” күчөгөнүнөн кабар бериши мүмкүн. Менимче, ошол саясий исламдын Борбор Азиядагы идеологдору ал өзү эмне экенин жакшы биле беришпейт. Алар жөн гана региондогу авторитардык режимдерге альтернативдүү идеология катары гана каршы чыгып жатышат.

Төрөкул Дооров: Улуттук коопсуздук комитетинин төрагасы Кеңешбек Дүйшөбаев ошол жаңы уюм тууралуу айтып жатып, анын көпчүлүк мүчөлөрү улуту боюнча кыргыздар экенин, өлкөнүн түндүк аймагынан болушаарын айтты. Дин, адатта, өлкөнүн түштүгүндө кеңири жайылган деп эсептелинип келген эле. Абал өзгөрдүбү?

Артем Улунян

Артем Улунян: Ооба, коомдо “Ислам өлкөнүн түштүгүндө гана өнүккөн, кеңири жайылган” деген миф бар. Муну ушул аймактын мурдатан эле динге жакындыгы, өзбектер көп отурукташканы, Фергана өрөөнүндө экени менен түшүндүрсө болот. Бирок азыр абал өзгөрдү. Социалдык проблемаларды чечүүнүн башка жолдору калбаган жерде ислам күчтөнө баштайт. Муну бир эле исламга эмес, калган диндерге да байланыштуу айта алабыз. Дүйнөнүн бир топ өлкөлөрүндө жарандык партиялар бийликке дурус оппонент боло албаган учурда, диний уюмдар күчөдү. Ошон үчүн Кыргызстандын түндүгүндө динге берилүү күч алганын өзгөчө жаңылык катары карабайт элем. Бул аймакта диндин тамыр алышы бир топ узагыраак убакытты алган болушу мүмкүн. Бирок мында эч таң калаарлык нерсе жок.

Төрөкул Дооров: Кыргызстанда күч органдары соңку теракттар үчүн айыптагандарды карасак - баары диний уюмдар. Баштап, “Ислам жихады” дешти. Анан кийин салафилер тууралуу айтышты. Эми минтип “Жайшул Махди” деген эч кимге белгисиз уюм жөнүндө айтып жатышат. Айыпталып жаткан уюмдардын аттары улам алмашылып жатканы, негизи, мындай окуяларды иликтөөдө катардагы эле көрүнүшпү же кыргыз күч органдары чыныгы күнөөкөрлөрдү таппай эле, элди ар кайсыл аттар менен сооротуп жатышабы?

Артем Улунян: Мен тигил же бул мамлекеттин укук коргоо органдары же репрессивдүү органдары начар иштеп жатышат деп айткым келбейт. Негизи эле, Борбор Азияда өзү абал өтө айырмаланып турат. Бул жерде кайсыл бир террористтик уюмдун мүчөсү башка да уюмдарга мүчө эмес деп айта албайсың. Анын үстүнө, ар кайсыл уюмдун адамдары кошула калып, жаңы уюм түзүп алышканын деле айтышы ажеп эмес. Менимче, “Жайшул Махди” да ошондой эле маанайда ар кайсыл жактардагы бир нече адамдын түзө койгон уюму болушу мүмкүн.

Төрөкул Дооров: Башта айтылгандай, Кыргызстандын күч органдары жакындагы теракттар үчүн ошондон бери жалпысынан кеминде үч уюмду айыпташты окшойт. Ошол үч уюмду бириктирген жактары барбы?

Артем Улунян: Негизи, булардын ар бири “саясий ислам” деген түшүнүктүн алкагында иштешет. Дээрлик баары аймактагы башкаруу системасын кулатууну самашат. Бирок буларды бири-биринен айырмалап турган жагдайлар да бар. Маселен, “Хизб-ут Тахрир” максатына тынч жол менен гана жетүүнү көздөй турганын айтып жүрөт. Ошол эле учурда, Өзбекстан ислам кыймылы зордук-зобун менен күрөшөөрүн, партизандык кыймылдарды колдой турганын жашырбайт. Бул эки уюм тең аймакта исламга негизделген башкаруу болушун жакташат. Бирок “Хизб-ут Тахрир” өзүн бир эле Борбор Азиядагы эмес, дүйнөлүк уюм катары көрсөткөнгө аракет кылат. Өзбекстан ислам кыймылы болсо, жалаң гана ушул региондо, өздөрүнүн сөзү менен айтканда, Түркстанда иштей турганын айтууда.

Ал эми сиз айткан уюм жаңы болгондуктан, анын максаттары туралуу көп нерсе белгисиз. Менимче, алар исламды саясий максаттар үчүн гана колдонуп жатышса керек. Болгондо да бул уюм жалаң гана Кыргызстанга тиешелүү экени аныкталышы да мүмкүн. Бирок алар Кыргызстанда колдоо табышпайт деп ойлойм. Анткени бул өлкөдө исламга карата мамиле баары бир башкача.

Төрөкул Дооров: Кыргызстанда соңку жардыруулар, чабуулдар үчүн жалаң диний уюмдар айыпталышканын эске алганда, чын эле радикалдуу диний уюмдардын коркунучу жогору десек болобу?

Артем Улунян: Менимче, Кыргызстандын күч органдары диний уюмдарды айыптаганы - мурдатан колдонулуп келген практиканын кайталанышы. Ал өтө ыңгайлуу, баарына түшүнүктүү калыпка түшөт. Мен маселе ошончолук эле жөнөкөй экенине ишенбейм. Радикалдуу уюмдар бириге калып эле Кыргызстанга каршы чабуулун күчөтө калышты дегенде да ишенбейм. Анткени Кыргызстан баары бир башкача мамлекет.

Батыш басма сөзү: “Демократияга сокку урулду”

Батыш басма сөз каражаттары Кыргызстандагы коопсуздук маселеси, Казакстандагы саясий абалга да көңүл бурушууда.

Eurasia View интернет барагында жарыяланган макалада күйүүчү майларга акциздик салык киргизүү маселеси талдоого алынган. Анда америкалык дипломаттар акциздик салыктан улам келип чыгышы ыктымал маселе АКШнын Ооганстандагы аскердик операциясын чабалдатышы мүмкүн экенине тынчсызданып жатканы белгиленип, президент Роза Отунбаева менен биринчи вице-премьер-министр Өмүрбек Бабанов “Мегаойл” аттуу ортомчул фирма аркылуу учак үчүн күйүүчү май сатуудан пайда тапканы тууралуу орусиялык гезиттерде жарыяланган макалаларга шилтеме жасалган.

Аталган баракчада чыккан дагы бир макала Кыргызстандагы коопсуздук абалына арналган. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасынын орун басары Марат Иманкулов менен ички иштер министри Зарылбек Рысалиевдин сөздөрүнөн үзүндү берилген макалада “коопсуздук кызматынын жетекчилери сентябрда синагогага жасалган чабуулду, ноябрда Бишкектеги Спорт сарайынын жанындагы жардырууну жана 5-январда 4 милиция кызматкеринин өлтүрүлүшүн “салафи” диний агымына тиешелүү экстремисттик топко байланыштырууда” деп айтылат. Макалада бул агым тууралуу чакан маалымат берилип, Кыргызстанда камакка алынгандарды кыйноолор көбөйүп жатканы тууралуу Бишкектеги америкалык элчилик жасаган билдирүүгө көңүл бурулат.

Лондондо чыгуучу Independent гезити “Казакстандын парламенти Нурсултан Назарбаевдин президенттигин дагы 10 жылга узартуу сунушун жактырды” деп кабарлайт. Макалада казак парламенти өткөн жылы Назарбаевди “эл башы” деп атаганы, парламенттин эки палатасы референдум өткөрүү боюнча кабыл алган чечими менен “70 жаштагы Назарбаевдин мураскери ким болот” деген суроону биротоло жокко чыгаруу максатын көздөгөнү белгиленет.

Financial Times да бул темага арналган макала жарыялады. “Парламент кабыл алган чечим менен Казакстандын лидери Нурсултан Назарбаев дагы он жылга мунайга бай өлкөнүн президенти болуп кала бермей болду” деп жазылат. Макалада “кабыл алынган чечим президентибиздин иш мөөнөтүн узартуу үчүн республикалык референдум өткөргөнгө конституциялык негиз берет” деген казак парламентинин спикери Орал Мухамеджановдун сөздөрү келтирилген. Макалада АКШ казак парламентинин чечимин “демократияга урулган сокку” катары баалаганы айтылат.

"Нефтчи" Шериктештер кубогуна катышууда

Кыргыз футболчулары Гуанжоу шаарындагы 16-Азия оюндардында Кытайдын курамасы менен беттешүүдө, 2010-жылдын 10-ноябры.

15-январда футбол боюнча Шериктештер кубогу Санкт-Петербургда башталды. Быйылкы мелдеште Кыргызстандын намысын Кочкор-Атанын “Нефтчи” командасы коргоп жатат.

Былтыр өлкөнүн чемпиону болгон Кочкор-Атанын “Нефтчи” командасы Шериктештер кубогуна катышуу үчүн Санкт-Петербург шаарына 13-январда барды. Алардын атаандаштары «А» тобунда Азербайжандын чемпиону «Интер», Молдавиянын жеңүүчүсү «Искра-Сталь» жана Тажикстандын чемпиону «Истиклол» командалары болууда.

"Нефтчи" алгачкы оюнду жеңилүү менен баштады

Биринчи беттешүүлөр 15-январда башталды, 19-январда чейрек финалдык оюндар болот.
Жарым финалдык беттешүүлөр 21-январда, финалдык баш байге үчүн таймашуу 23-январда өтөт.

15-январда “Нефтчи” командасы Азербайжандын чемпиону "Интер” менен беттешти. Жыйынтыгында, биринчи таймда эле азербайжандык футболчулар үстөмдүк кыла баштады. Алар Европа аймагында ойногондуктан чеберчилиги жогору экенин айкын көрүнүп турду.

Беттешүүнүн биринчи бөлүгү 2:0 эсебинде “Интер” командасынын пайдасына аяктады. Алардан Карлсонс менен Александр Чертоганов айырмаланып, “Нефтчинин” дарбазасына таамай тээп киргизишти.
Быйыл да үмүттү «Нефтчи» командасы актай албайт го, себеби Европа аймагында ойногон атаандаштарга теңелүү кыйын. Жок дегенде быйыл бир жолу тең чыгып келсе деп тилек кылып турабыз.

Оюндун экинчи таймында да азербайжандыктар дембе-дем чабуулга өтүп турушту. Кыргызстандык оюнчулардан Таалай Жуматаев канчалык аракет кылганы менен анын өнөктөштөрү көмөк көрсөтөт алышкан жок. Беттешүүнүн 77-мүнөтүндө “Нефтчинин” дарбазасынын бурчунан тебилген топту “Интердин” жарым коргоочусу Сергей Егоров башы менен таамай сүзүп киргизди.
Ошентип өлкө чемпиону Кочкор-Атанын “Нефтчи” командасы алгачкы оюнда эле “Интерден” 3:0 эсебинде жеңилип калды.

16-январда кыргызстандык футболчулар Молдавиянын жеңүүчүсү «Искара-Сталь» командасы менен таймашка чыкканга камылга көрүп жатышат.

17-янарда бир күн өргүү кылып, эс алышат. 18-январда Тажикстандын чемпиону «Истиклол» командасы менен ойнойт.

Команданын жетекчиси Медер Сыдыков Шериктештер кубогуна аттанып жатып, “Абдыш-Ата”, “Алга”, “Шер” футбол клубдарынан мыкты оюнчуларды кошуп алышканын жашырбады.

- Ал жакта атаандаштардан апкаарыбай, колдон келишинче, алдын жетишинче ойнойбуз. Команданы күчтүүлөп катарыбызга “Абдыш-Ата”, “Алга”, “Шер” футбол клубдарынан мыкты оюнчуларды кошуп алдык. Калганын мелдеш көрсөтөт да.

Кыргыз футболчулары качан сүйүнтөт?

Бишкектеги Раатбек Санатбаев атындагы балдар спорт мектебинин жетекчиси Касымкул Оболбеков жылдан жылга Шериктештер кубогунун деңгээли төмөндөп баратканын айтты.
“Нефтчи” 3:0 эсебинде утулганы деле дурус жыйынтык болду. Мен ири эсеп менен утулуп калышат го деп ойлогом.

- Быйыл да үмүттү «Нефтчи» командасы актай албайт го, себеби Европа аймагында ойногон атаандаштарга теңелүү кыйын. Жок дегенде быйыл бир жолу тең чыгып келсе деп тилек кылып турабыз. Жыл сайын “Дордой” командасы ири эсеп менен жеңилип келишип, ишенич акталбай келатат. Негизи футболго мамлекеттик деңгээлде жардам, колдоо керек. Чынында эле жыл өткөн сайын Шериктештер кубогунун деңгээли да төмөндөп баратат. Себеби айрым өлкөлөр чемпиондорун бул мелдешке жибербей, экинчи же үчүнчү орундарды ээлеген командалары катышууда.

Шериктештер кубогуна катышкан Кыргызстандын командалары жыл сайын ири эсеп менен утулуп, уят болгонун өлкөнүн Улуттук олимпиада комитетинин вице-президенти Шаршен Касенов айтты.

- “Интер” командасы менен болгон оюнда “Нефтчи” 3:0 эсебинде утулганы деле дурус жыйынтык болду. Мен ири эсеп менен утулуп калышат го деп ойлогом. Эми кийинки беттешүүлөрдө жок дегенде быйыл бир жолу тең чыгып келсе деп тилек кылып турабыз. Жыл сайын кыргызстандыктар ири эсеп менен жеңилип келишип, ишенич акталбай келатат. Быйыл да “Нефтчи” өз тобун утуп, чейрек финалга чыга албайт го. Бирок ушундай чоң мелдештерге катышып турса гана футболдук чеберчилик жогорулайт.

Өлкөдө футболду өнүктүрүү үчүн чемпионатты жакшы жолго коюп, деңгээлин жогорулатуу зарыл. Курч беттешүүлөрдүн жоктугу чеберчиликти аксатып турат, дейт футбол боюнча өлкөгө эмгек сиңирген устат Бообек Кадыркулов:

- Ар бир облуста жок дегенде бирден команда болуп, атаандашып турса дурус болмок. Тилекке каршы, Чүй, Бишкек, Оштун командалары менен чектелип, чыныгы кесипкөй 2-3 футбол клубу гана иштейт. Өкмөттүк денгээлде футболго көңүл бурулмайын, мамлекеттик колдоо болмоюн өлкөдө футбол өнүкпөйт. Мыкты келечектүү жигиттер коңшу өлкөлөргө кетип кала бермекчи.

Кыргызстан эгемендүү өлкө болгону 1992-жылдан бери Эл аралык футбол федерациясына мүчө. Ошондо он жети жылдан бери өлкөнүн жеңүүчүлөрү Шериктештер кубогуна катышканы менен ийгиликке жетпеди.

Өлкөнүн алты жолку чемпиону «Дордой» командасы Шериктештер кубогуна алты ирет катышып, өз тобунан алдыга чыга алган эмес.

Быйыл да “Нефтчи” командасы алгачкы таймашууда эле өз дараметин көрсөтүп, күйөрмандардын үмүтүн өчүрүп койду.

Казакстан: Парламент бата берди

Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев

Казакстанда парламент Нурсултан Назарбаевдин президенттигин дагы 10 жылга референдум аркылуу узартууну жактырды. Ал идеяны көтөргөн демилгелүү топ ушул аптанын башында жарандардан 5 млн.дон ашуун кол топтогонун билдирген.

Казакстандын парламентинин эки палатасы жума күнкү биргелешкен жыйынында референдум өткөрүү боюнча Конституцияга өзгөртүү киргизиш керек деп чечти. Аны Мажилистин спикери Орал Мухамеджанов жарыялады.

"Урматтуу кесиптештер, - деди спикер, - биз бүгүн чындап тарыхый мыйзам кабыл алдык. Ал азыркы президентибиздин иш мөөнөтүн узартуу үчүн республикалык референдум өткөргөнгө накта конституциялык негиз болуп берет. Референдум өтүш керек деген 5 млн.дон ашуун жараныбыздын суранычы ишке ашырылат. Ошол өтүнүчтү орундаткан баарыңыздарга чоң рахмат".

Парламент референдум жөнүндө эле эмес, Назарбаевди “эл башы” деп атоо үчүн да чечимди колдоду.

Эми “Назарбаев 2020-жылга чейин президент болуп кала беришин колдойсузбу?” деген суроо жалпы элге берилет да, референдумда эл буга макул десе, ансыз да 20 жылдан ашуун мезгилден бери Казакстанды башкарып келген Нурсултан Назарбаев эч кандай шайлоосу жок эле өлкө башчысы болуп калат. Айтмакчы, бул өлкөдө президенттик шайлоо келерки жылы өтмөк.

Дегинкиси, Нурсултан Назарбаевдин бийлигин референдум менен узартуу демилгеси алгачкы жолу көтөрүлүп жаткан жок. Буга чейин 1995-жылы да “казакбашынын” бийлиги 2000-жылга чейин узартылган эле.

Назарбаевдин президенттигин дагы 10 жылга узартуу маселесин референдумга коюу демилгесин көтөргөндөр ушул аптанын шейшембисинде бул үчүн 5 млн.дон ашуун кол топтогонун жарыялап, аларды текшерип чыгыш үчүн Борбордук шайлоо комиссиясына тапшырышкан. Шайлоо комиссиясы бүгүнкү билдирүүсүндө колдорду туура деп тапты да, жалпы шайлоочулардын 55% айтып жаткандыктан муну “элдин демилгеси” деп атаганга болот деди.

Казакстанда Нурсултан Назарбаевдин президенттигин дагы 10 жылга референдум аркылуу узартуу демилгеси акыркы ирет бир ай мурда көтөрүлгөн. Аны Америка Кошмо Штаттарынын Астанадагы кызматтан кетип жаткан элчиси сындап, “демократиядан артка кетүү” катары сыпаттаган эле.

Өмүрбек Кутуев: Кылмышкерлер баш бербей кетти

Өмүрбек Кутуев "Азаттыктын" студиясында.

Кыргызстанда кылмыш табияты кандай? Кылмыш иштерин ачууда күч бийлиги авторитеттердин жардамына муктажбы? “Азаттыктын” ушул жана башка суроолоруна Ички иштер министрлигинин мурдагы башчысы Өмүрбек Кутуев жооп берди.

- Кыргызстанда кылмыштуулук деген эмне, түзүмү, табияты? Азыр жөнөкөй адам сыртка кечинде чыккандан да коркуп калды, чочун кишилер менен сүйлөшкөндөн коркот дегендей...

- Кылмыштуулук болуп келген, боло берет. Кыргызстанда ондогон жылдар бою изилденген. 35-40 миңдин тегерегинде кылмыш болот.

- Жылынабы?

- Ооба. Анын ичинен 400-500гө жакын киши өлтүрүү, уурдоо, каракчылык дегендер. Булар кылмыштуулуктун үчтөн бирин түзөт, 25-35 пайыз болот.

- Калган пайызычы?

- Бардыгы эле басып кетти, өлтүрүп кетти дегенге ыкташат. Иш жүзүндө андай эмес, кылмыш тиричиликке байланыштуу болот, үйдө, сыртта болот, бейбаштык болот. Кылмыштуулук мезгил-мезгили менен анча-мынча өзгөрүп турат.
Уурдап атышат. Айдар уурдап тиги жакка сатчу, Максим уурдап тиги жакка сатчу. Орусияга, Казакстанга кетчү.


Акыркы 5-10 жылдын ичинде албетте көбөйүп кетти. “Милиция кызматкерлеринин да, тартип коргоо органдарынын да баркы кетти, болбой калды” деген болбойт. Колунан келишинче иштеп атат. Бирок канчалык иштеп атат, ошондон болуп атат, натыйжасына жараша.

Менин оюмча, кылмыштуулук болуп турганда дайыма биринчи орунда “вор в законе” деген болуп атпайбы, азыркы убакта уюшулган кылмыштар болуп атпайбы. Ошолор, түрмөдө отургандар саясатка, тынч жашап аткан элдин турмушуна кийлигишкенге акылары жок, аны өзүлөрү да билет. Мисалы, мен 2000-жылы министрликтен кетип атканда жалданып өлтүрүүдөн бети ачылбаган бир гана кылмыш болгон. Курнявка деген боксер бар болчу, ошону атышкан, ал өлгөн эмес, жарадар болгон. Азыр эми саны билинбей калбадыбы.

- Мисалы, Раатбек Санатбаевдин өлүмүн кайсы кылмыштын түрүнө кошсо болот?

- Бул уюшкан кылмыштуулуктун чегинен чыгып кеткендиктен болуп атат. Эгер бир кылмыштын эле бети ачылбай калса калгандары боло берет. Себеби жаза албай калса, кармалбай калса өтө берет экен деп коет.

Жазылбаган мыйзамдар жана уламыштар

- Мисалы, Баяман Эркинбаев, Рысбек Акматбаев өлтүрүлдү. Муну эми өз ара бири-бири менен эсептешүү деген версияны айтып атышат. Саясат менен кылмыш дүйнөсү экөө жуурулушуп кеткенден ушундай жагдай түзүлдү деп да айтып атышат. Сиз кандай баа бересиз?

- Түрмөнүн өзүнүн жазылбаган мыйзамдары бар, биздин турмушка кийлигишпеш керек. Алар саясатка кирип кеткенде, же биздин саясатчылар тиги жакка киргенде ошондой чатак башталат, түшүнбөстүктөр болуп, жанагыдай өлүмдөр болот.

- Айта аласызбы ким кылганын?

- Айтканга болбойт. Эмне болгонун, кандай болгонун билем. Саясат менен уюшкан кылмыштуулук аралашып кеткенде ушундай нерселер чыгат.

- Бейформал чөйрөдө таасирин күчөтүү максаты дейсизби, же саясатка аралашкан үчүн саясатчылар жасады дейсизби?

- Бул жерде саясат да, кылмыштуулук да бар.
Бүгүнкү күндө 200 миң студентти кармап отургандын эмне кереги бар? Алардын баары көчөдө жүрөт. Көнүп алгандар барбайт айылга, кылмыштуулукка барат.


- Мисалы, Рысбек Акматбаев, Баяман Эркинбаев жөнүндө абдан көп уламыштар айтылып жүрөт. Экөө коомдо тынчтыкты кармап турчу, экөөнүн өлтүрүшү чоң ката болду дешет. Менин сурайын деп атканым, авторитет коомго зарылбы? Негизи авторитет деген түшүнүк эмнени түшүндүрөт?

- Бул сыйлоо деген сөз. Түрмөдө сот жок да, туура чечим чыгаргандыктан ошондон авторитет чыгат.

- Авторитет таасирин жай турмушта да жүргүзө алабы, дагы эле өзүн авторитет катары эсептей алабы?

- Түрмөдө отурганда кайсы жерден авторитет болсо, ошол жактан авторитет болуп жүрүш керек. Бул жакка чыгып авторитет болом дегендер да бар, бирок бул жакта да авторитеттер көп да, мисалы спортчулар бар.

- Негизи бийлик ушул авторитеттерге муктажбы?

- Муктаждык жок.

- Эмне үчүн анда ушундай “жомоктор” жүрүп атат?

- Акыркы убакта эл милицияга ишенбей, айылдарда авторитетке барып калышты. Айылдардан уксаңар, милицияга барып арыз жазгандан көрө, тигиге барып эле чечип алабыз дешет.

- Сиз кандай дейсиз, бул нормалдуу көрүнүшпү?

- Албетте нормалдуу эмес.

- Эми эмне кылыш керек?

- Күрөшүш керек.

Саясат менен кылмыштуулук аралашканда...

- Сиз иштеп жүргөн кезде авторитеттерди пайдаланган учурларыңыз болду беле, кандайдыр бир тигил, же бул кылмышты ачуу зарыл болгон учурда?

- Зарылчылык болгон. Бирок аларды кылмыштын бетин ачып бер дегенге жарабайт, айтпайт, анда авторитети кетет. Аларга бир гана талап болчу: “силер кийлигишпегиле, кылмыш кылбагыла, кылмыш кылсаңар жазаңарды тартасыңар” деген.
Түрмөдө отургандар саясатка, тынч жашап аткан элдин турмушуна кийлигишкенге акылары жок, аны өзүлөрү да билет.


- Кылмыштуу топтор деген түшүнүк да бар. Мурдатан, сиз өзүңүз да жакшы билесиз, мисалы уйгур кылмыштуу топтор, же чечен кылмыштуу топтору бар деген уламыштар көп жүрчү эле. Ошону чечмелеп айтып бере аласызбы?

- Бул 90-жылдары эң күчөп турбадыбы. Орусияда да мамлекеттүүлүк жок болуп, эгемендүүлүктү алып. Кыргыздардын да өзүнчө топтору бар болчу, уйгурлардыкы өзүнчө, спортчулардыкы өздөрүнчө.

- Азыркы кылмыштуу топторго кандай мүнөздөмө бере аласыз, алар кимдер?

- Бардыгы аралашып кетти. Кылмышкерлер көп кылмыштары үчүн жазасын албай калышты. Далилденбей калгандар көп.

Рысбек Акматбаев, Ак үй алдындагы митинг, 31-март, 2006-жыл
- Эсиңизде бар чыгар, Бакиевдин тушунда Рысбек Акматбаев баштаган топтор митингге чыгып, аянтты ээлеп турган. Байкоочулар, укук коргоочулар муну бийлик менен кылмышкерлердин жуурулушуп кеткенинин ачык далили катары белгилешти эле. Кылмыштуу топтор менен бийлик ортосунда кызматташуу күчөп баратат деген көз караштар бүгүн да айтылып атат. Сиз кандай баалайсыз, чын эле ошондойбу?

- Бүгүнкү күндү мен айтканда туура эмес болуп калат. Кимди айта аласың? Мен андайды бүгүнкү күндө байкабайм.

- Мисалы депутаттардын арасында бар, парламентке келди деген да кептер айтыла калып атат?

- Менде маалымат көп. Бардыгын айта бергенге болбойт.

- Авторитет деген коомду тазалоочу күчкө ээби?

- Эч качан тазалабайт. Бүгүн эгерде коомду тазалайбыз десе, эртең өзү өлөт. Аны алар билет. Коомду тазалоо авторитеттердин колунан келбейт, аны аларга эч ким укук берген эмес. Канчалык жаман болобу, жакшы болобу коомду тазалоо баягы эле милиция менен прокуратурада.

- Милиция менен прокуратуранын, коопсуздук кызматынын күчү келбей жатат деп атпайбы, ошон үчүн алар авторитеттерди пайдаланат деп атпайбы?

- Эми келбей атканы милицияга түкүрүп да, чимкирип да ташташты, сабап да, өлтүрүп да ташташты. Андан көрө бардыгыбыз тең, биринчи бийлик, экинчи бийлик, үчүнчү бийлик - биз баарыбыз чогулуп туруп жардам беришибиз керек, тизесинен тургузуш керек. Алар тизесинде отурат азыр. Баскандан кийин бери кел деп сурап, анан иштетиш керек аларды.

Киллер. Made in Kyrgyzstan

- Кыргызстанда киллер барбы?

- Заказ болгондон кийин, кишилер өлгөндөн кийин - бар. Бирок мурда 90-жылдары Казакстандан, Орусиядан алып келчү, келип атып, кетип калышчу. Кийинки убакта өзүбүздөн эле чыгып калды.

- Азыр бизде аларды ким даярдайт?

- Эч ким даярдабайт. Ким жакшылап атса киллер кылып жалдашат, жеңил. Ошол эле милициядан кеткендер, ошол эле СНБдан кеткендер бар, ошол эле аскерде кызмат кылгандар бар, ошонун ичинен бирөө болбосо бирөө айла жоктон макул болот.
Ошол эле милициядан, ошол эле СНБдан кеткендер бар, аскерде кызмат кылгандар бар, ошонун ичинен бирөө болбосо бирөө айла жоктон киллер болууга макулдугун берет.


- Киши өлтүргүчтөрдү адатта кимдер жалдашат, алардын баасы канча болот?

- Мурда акчага, бизнеске байланыштуу жалдачу. Туура эмес сөз кылып, туура эмес мамиле кылгандыктан чыкчу да. Кийинки убактарда саясий туура эмес көз караш болуп калса деле чыгып кетип атат, туура эмес сүйлөп койсо деле чыгып атат. Аялдар деле күйөөлөрүн заказ берип атышат да.

- Башкача айтканда бул кеңири жайылып кетти, жаман өнөкөт, илдет болду?

- Заказ болгон өлтүрүүлөрдүн бети ачылбай калгандан кийин эмки кылмышты кылбаш үчүн аны камаш керек. Камалбай калды, кайра кыла берди, өтүп кетти, эмне үчүн кечээ 5 миң тапсам, бүгүн 10 миң доллар табалбайм дейт. Ким ким экенин баары тең билет.

- Азыркы күч бийликтери айтып аткан, экстремисттик күчтөр, терроризм деген нерсенин бардыгы тыштан келбей эле ичтен чыгып атабы?

Куралдуу топту кармоо операциясы, Арашан айылы, 5-январь, 2011-жыл
- Өзүбүздүн эле ичте. Кечээ кармалгандар, кечээги окуялар көрсөтүп атпайбы, Нарындан, Кеминден келгендер экен. Ал жакта качан экстремисттер бар эле? Биздин бийликтегилер кичине кемчилик кетирип атпайбы, дин бөлүнгөн да мамлекеттен, алардын ишине кийлигишпеш керек эле. Алардын ишине кийлигишип, ажыга баргандардан акча чогултуп, Ак үйдү, Көк үйдү жаман көрсөтүп, “тигинден алып калыптыр, муну уурдап калыптыр, тигилер каапыр, булар туура эмес” деп, мына ошондон чыгып атат да бардыгы. Кийлигишпеш керек. Кылмыш кыласыңбы - жооп бересиң. “Кылмыш кылбай, окугуң келсе беш жолу намазыңды окуп жата Бер” деш керек.

- Бүгүнкү күндө кылмыштуулукка сиз кандай баа бересиз?

- Бүгүнкү күнү эгер баарыбыз кийлигишпесек, эртең да кеч эмес. Бүрсүгүнү кеч болуп калат.

- Эмне кылыш керек?

- Ошол эле милицияга жардам беришибиз керек. Бардыгыбыз кылмыштан туура өтпөшүбүз керек. Жалаң эле кылмыш эмес, коррупция деп атабыз. Коррупцияга каршы силер, биз, бардыгыбыз тең айтышыбыз керек. Ошол эле жогорку окуу жайларында сынактан акча бербей баа алып, диплом сатып алып атышат, бир эле тармакты алсак. Бүгүнкү күндө 200 миң студентти кармап отургандын эмне кереги бар? Алардын баары көчөдө жүрөт. Көнүп алгандар барбайт айылга, кылмыштуулукка барат.

Бийликте турган шылуундар

- Сиз иштеп турган кез менен бүгүнкү күндөгү саясий кылмыштуулукту кандай салыштыра аласыз? Саясий кылмыштуулукту иликтөө Кыргызстандын практикасында кандай?

- 96-жылы кабыл алынган мыйзам бар. Ошол жерде бардыгы жазылган, саясий кылмышы да, коррупциясы да, пара алуу да, жетекчилерди чакырып алып юбилейин берип акча чогултуп аткандары да, кызмат унаа менен күнү-түнү жүргөндөрдүн баары боюнча мыйзамда бар. Аны эч ким караган жок.
Эртең кырсык болуп кетсе, же ТЭЦ өчүп калса резервде эч нерсе жок. Ошого катышкандарды билем.


- Сиздин учуруңузда жогорку жактан тапшырма алдыңыз беле?

- Жогору жактан тапшырма алды деген болбойт. Ак үйдө отурган киши эмне болуп атканын билбейт да, көбүн жеткиришчү да эмес. Биз айтып барчубуз, мисалы, бул тармакта мындай болуп атат, энергосектордун баарын уурдап атышат, 20-30 фирма ачып алышыптыр деп.

- Сиз азыр салыштырасызбы, сиз иштеп турган учур менен бүгүнкү учурду? Экономикалык кылмыштуулуктун деңгээли кандай?

- Бүгүнкү күндө экономикалык кылмыштуулуктун деңгээли мурдагыга караганда албетте көп да.

- Себеби?

- Себеби энергосектордо эле күнүгө электр жарыгын өчүрүп атышпайбы, 30-40 пайыз техникалык жоготуу деп атышпайбы. Кайдагы техникалык жоготуу, айланайын. Мурда Армениядан 9 пайыздан өтүп кеткенде бүт энергетиктерди “отургузган”. 12ден ашпаш керек. Калганы кайда кетип атат? Уурдап атышат. Айдар уурдап тиги жакка сатчу, Максим уурдап тиги жакка сатчу. Орусияга, Казакстанга кетчү. Ал жактан эч качан акча бул жакка түшкөн эмес.

Жарактан чыгып калды, иштебей атат деп атышат. Кантип? Жыл сайын ар бир киловатт сааттан амортизация деп акча чыгарышат. Ал акча 10 жылдан бери кайда кетти? Убагында оңдош керек болчу да. Эмнеге ТЭЦ жакшы күйбөйт? Казактандан “Шабыркүлдүн” күлүн алып келишет. Күлдүн баасы бир доллар болсо 20 доллардан алып келишет. Мунун баарын токтотуп, ордуна коюш керек. Азыр койбосо эртең кеч болуп калат.

Госматрезерв деген бар бизде. Кайдагы бир аферисттер башкарып жүрдү. Эртең кырсык болуп кетсе, же ТЭЦ өчүп калса резервде эч нерсе жок. Ошого катышкандарды билем. Болгон күндө да төмөнкү сорттогулар калган, Казакстандан келгендин баарын талап кетишкен, сатылган. Саясий эрк керек мындайда. Болду өлөсүң деп балдарды бир муштап койсоң коркуп отуруп калат эмеспи. Столду бир коюш керек, мындай кылыш керек деш керек. Элге да, сага да жакшы, кийин эч жака качпайсың.

- Рахмат, ишиңизде ийгилик болсун.

Кыргызстан кайрадан "жарым-жартылай эркин" өлкөлөрдүн сабында

АКШда жайгашкан Freedom House эл аралык уюму дүйнөдөгү саясий укукатарды жана жарандык эркиндиктерди изилдеп чыгып, авторитардык режимдер репрессивдүү ыкмаларын күч алдырууда, глобалдуу эркиндиктин деңгээли төмөндөөдө деген бүтүмгө келди.

Уюмдун 2010-жыл боюнча докладында Кыргызстан кайрадан “эркин эмес” деген топтон “жарым-жартылай эркин” деген топко кошулду. Борбор Азиянын калган 4 өлкөсү эркин эмес бойдон калды. Постсоветтик аймакта болсо, Балтика мамлекеттерин кошпогондо, бир дагы эркин өлкө жок экен.

1972-жылдан бери жарыяланып келаткан быйылкы отчетто 194 өлкөдөгү жана 14 аймактагы жарандардын укуктары жана эркиндиктери изилденген. Демократиянын негизги көрсөтүкөчтөрүнө таянып, Freedom House мамлекеттерди “эркин”, “жарым-жартылай эркин” жана “эркин эмес” деген топторго бөлгөн.

“Эркин” тобуна 87 өлкө киргизилген. Былтыр 2 өлкө - Мексика жана Украина - андай макамын жоготуп, “жарым-жартылай эркин” болуп калышты. “Жарым-жартылай эркин” деген өлкөлөрдүн саны өткөн жылы өсүп, 60ка жеткен. Ал эми “эркин эмес” деп 47 мамлекет таанылган.

Ыңкылап алып келген авторитаризм

Докладда белгиленгендей, дүйнөдө жападан жалгыз аймакта 2001-жылдан бери эркиндиктер жылдан жылга төмөндөп келатат. Сөз - Балтика мамлекеттерин кошпогондо СССРге кирген калган өлкөлөр жөнүндө жүрүп жатат. "Бул тенденцияны түшүндүрүү үчүн ар бир өлкөнү өзүнчө алып караш керек",-дешет докладдын авторлору.

Роза ыңкылабы, Грузия
2003-2005-жылдар аралыгында постсоветтик 3 өлкөдө түстүү революциялар коррупцияланган жана репрессивдүү лидерлердин кулашына алып келген. Грузия, Украина жана Кыргызстан коңшулар үчүн демократиялык өзгөрүүлөрдүн үлгүсүнө айланышты эле, тилекке каршы, көп узабай эле Грузия менен Кыргызстандын жаңы президенттери авторитардык ыкмага оой баштаса, Украинанын лидерлери өз ара ынтымакка келе албай, компетенттүүлүгүн көргөзө алышкан жок.

Ошол эле маалда бул 3 өлкө жана Молдова дээрлик бардык постсоветтик өлкөлөр сыңары азырынча авторитаризмге бата элек. Түстүү революциялар өлкөлөрүндө саясий институттар жүргүзгөн иштер жалпысынан демократиялык талаптарга толук жооп бербесе да, добуштарды көз көрүнө бурмалоо, кеңири жайылган цензура, түбөлүктүү президент өңдүү көрүнүштөр ал жерлерде байкалбайт,-деп айтылат докладда.

Курманбек Бакиев "Март ыңкылабы" деген китеп жазган.
Кыргызстандын мурдагы президенти Курманбек Бакиев 2005-жылы көтөрүлүштүн натыйжасында бийликке келгенден кийин бара-бара автократияга ыктай баштады эле, 2010-жылы болсо өзү өлкөдөн качууга аргасыз болду.

Кыргызстан “эркин эмес” деген категориядан кайрадан “жарым жартылай эркин” деген топко кошулду.

"Кыргызстанда бир топ жетишкендиктер байкалды. Жыл башында толкундоолор болуп, Бакиев бийликтен кулатылгандан кийин жаңы Конституция кабыл алынды. Шайлоолор оң баага татыды, жаңы өкмөт Бакиевдикине караганда жакшыраак көрүнөт", - дейт докладдын авторлорунун бири, уюмдун өкүлү Арк Паддингтон.

Борбор Азия тизменин аягында

Freedom House Борбор Азиянын калган өлкөлөрүндө кеңири тамыр жайган суперпрезиденттик системадан Кыргызстандын баш тартканын өзгөчө белгилейт.

Борбор Азия демекчи, эркиндиктин деңгээлин аныктаган тизменин эң соңку саптарына Өзбекстан жана Түркмөнстан жайгаштырылган. Казакстан менен Тажикстан да мурдагыдай эле “эркин эмес” деген өлкөлөр арасына кирди.

Орусияда нааразылык акциялардын саны өстү.
Орусия жана Беларус Иран, Венесуэла менен катар дүйнөдөгү эң күчтүү авторитардык режимдер арасында аталган.

"Сергей Магницкий менен Михаил Ходорковскийдин мисалдары Орусиянын сот системасындагы гана эмес бардык тармактарындагы коррупциянын тереңдешин далилдейт. Кимдир бирөөлөрдүн кызыкчылыктары мыйзамдын үстөмүдүгүн орнотууга жол бербей жатышын айкын көрдүк", - дейт уюмдун дагы бир өкүлү Кристофер Уолкер.

Ал белгилегендей, Балтика боюнадагы мурдагы советтик жумурияттарда деле эркиндиктер 100 процент сакталат деп айтууга болбойт.

“Казакбашыга” өтүнүч

Нурсултан Назарбаев дагы канча кааласа, ошончо ирет президент катары ант бере алат

Казакстанда Нурсултан Назарбаевдин президенттигин дагы 10 жылга референдум аркылуу узартуу идеясын көтөргөн демилгелүү топ жарандардан 5 млн.дон ашуун кол топтогонун билдирди. Алар бүгүн президентке кайрылып, жарандардын өтүнүчүн кабыл алууну суранышты. Ал эми парламентке жолдонгон кайрылууда референдум өткөрүш үчүн Конституцияга өзгөртүү киргизүүгө чакырык айтылды.

Демилгелүү топ шаршембиде Астанада журналисттерди чакырып, президентке жана парламентке кайрылышканын билдирди. Топтун лидерлеринин бири парламенттин депутаты Анатолий Башмаков: “Биздин демилге коомдо чоң талкууну жаратты. Жарандардын 5 млн.дон ашууну, шайлоочулардын жарымынан көбү референдум өткөрүш керек деген идеяны колдоп, кол коюп беришти - деди, президентке кайрылып. - Бул – сиз жүргүзгөн саясатты жамы журт колдойт дегенди айгинилейт. Казакстандын миллиондогон элинин атынан ушул демилгелүү топ сизге, урматтуу Нурсултан Абишевич, кайрылат жана референдум өткөрүүгө уруксат беришиңизди суранат”.

Демилгени көтөрүп жаткан топ парламентке да кайрылып, 14-январда эки палатанын тең биргелешкен жыйынында бул маселени көтөрүүгө үндөдү. Жыйындын күн тартибине референдум маселеси киргизилгенин Башмаков ушул жыйында кабарлады.

"Электораттын жарымынан көбү колдоду"

Беш млн.дон ашуун адамдын колу топтолуп, өлкөнүн Борбордук шайлоо комиссиясына кароого берилгенин шейшембиде кабарлашкан эле.

Демилгелүү топтун жетекчиси Эрлан Сыдыковдун айтымында, аны комиссия жакынкы күндөрү карап, жообун айтышы керек.

“Эми муну Борбордук шайлоо комиссиясы үч күндөй убакыттын ичинде карап, текшерип, кайсынысы жарамдуу, кайсынысы жарамдуу эмес экенин айтат, - деди ал журналисттерге. - Биз мүмкүн болушунча адамдар тууралуу так маалыматты берип, колдорду жаратпай койбошу үчүн аракет кылдык”.

Ошол эле учурда Эрлан Сыдыков накта канча кол чогултулганын айта албады. “Башым да айланып калды, - деди ал. - Беш млн.дон ашкандан кийин калганы маанилүү деле эмес”.

Текшерилген тажрыйба

Казакстанда Нурсултан Назарбаевдин президенттигин дагы 10 жылга референдум аркылуу узартуу демилгеси акыркы ирет бир ай мурда көтөрүлгөн (Буга чейин 1995-жылы да Назарбаевдин президенттиги 2000-жылга чейин узартылган - ред.). Аны Америка Кошмо Штаттарынын Астанадагы кызматтан кетип жаткан элчиси сындап, “демократиядан артка кетүү” катары сыпаттаган эле. Шаршембиде парламенттин депутаты Розакул Халмурадов америкалык элчинин айткандарына кошулбай турганын билдирди.

“Буга эч кимдин аралашууга акысы жок, - деп ишенет ал. - АКШнын биздеги элчиси башка өлкөдөгү элчинин орун басары болуп кетти. Чамасы, кетип атканда жөн кетпей, зээнди кейиткен бирдеме айта коеюн десе керек. Эч кандай демократиядан артка кетүү болгон жок. Бул – биздин ички ишибиз, калктын өз эрки”.

Казакстанды 1989-жылдан бери башкарып келаткан Нурсултан Назарбаев өзү өткөн аптада ал демилгени четке кагып койгон. Президенттин мындай кадамын жума күнү АКШнын элчилиги да колдоп, “эл Казакстанда президент Назарбаевдин тарыхый эмгегин жокко чыгаргыдай чечим кабыл албаса экен” деген эле.

"Парламент президентти да укпай коёт"

Бирок шаршембиде депутат Анатолий Башмаков парламент Назарбаевдин чечимин да эске албай, баары бир демилге көтөргөн топту колдойт деп ишенээрин жашырбады.

Казакстанда 2007-жылы Конституцияга киргизилген өзгөртүүгө ылайык, Назарбаев президенттикке канча кааласа, ошончо ирет ат салыша алат. Былтыр майда Назарбаев өзүнө “улуттун көсөмү” деген макам берүүгө каршы болгон. Бирок ал мыйзам долбооруна президент вето салбагандыктан, акыр аягында мыйзам күчүнө кирди. Документ Назарбаевдин өзүнө жана анын үй-бүлөсүнө түрдүү артыкчылыктарды берет, аны кылмыш жоопкерчилигине тартууга жол бербейт.

Г.Петров: Тарифтерди баары бир көтөрүш керек

Электр энергиясына баанын көтөрүлүшү Кыргызстанда массалык нааразылыктарды жараткан, Нарын, 10-март, 2010

Кыргызстанда өткөн аптада эки ирет энергетикада кырсыктын болушу жалпы өлкөнүн энергосистеманын абалы туралуу тынчсызданууну күчөттү. Тажикстандын Илимдер академиясынын гидроэнергетика жана суу проблемалары боюнча институтунун адиси, энергетика боюнча белгилүү эксперт Георгий Петровдун ишениминде, проблеманын баары - бирдиктүү энергосистеманын иштебей жатканында.

Георгий Петров: Учурунда СССРдин бирдиктүү системасы катары түзүлгөн энергосистема азыр өтө оор абалда. Башка республикадарды айтпаганда да, жалпы постсоветтик аймактагы эң бай делген Орусияда, маселен, жакында эле Москва облусунун жарымы электр жарыгысыз калды (мен Саяно-Шушенская ГЭСи жөнүндө айтпай эле коеюн). Ошондой эле окуя Кыргызстанда өткөн аптада кайталанганын көрдүк. Мунун баарына эки себеп бар:

Биринчиси – чындап эле техника эскирип бүттү. Акыркы ирет ремонт өткөн кылымдын 60-жылдары жүргүзүлгөн. Чынында, биз жылына эле жаңылоо иштерин жасап турабыз деңизчи. Бирок ремонттук иштердин алкагы мурдагыдай эмес. Анткени акча аз. Акчанын аздыгы тарифтердин төмөндүгү менен байланыштуу. Себеп – элдин жалпы социалдык абалы оор. Мына ушундай туңгуюкта калдык. Бул – объективдүү көрүнүш.

Бирок азыркы энергокризиске алып келген экинчи себеп да бар. Бул – интеграциялык байланыштардын үзүлгөнү. Азыр да кээде биздин республикаларда бирин-серин энергетикадагы көзкарандысыздык тууралуу айтып калышат. Энергетикалык көзкарандысыздык дегени – бул байланыштарды үзүү дегенди эле билдирет. Акыркы жылдары Борбор Азияда да айрым республикалар бирдиктүү системадан чыкканыбызды жарыяладык. Мындан эч ким эч кандай пайда көрбөдү. Энергосистеманын кризисине алып келген бул себепти мен субъективдүү эле себеп деп айтмакмын. Муну чечсе болот. Акырындап ал финансылык абалдын да жакшырышына алып келмек. Анткени региондо эч ким өз алдынча энергетикадагы чоң проблемаларды чече албайт.

Төрөкул Дооров: Бирдиктүү энергосистема азыр деле негизи иштеп жатат да. Анын иш тартибинде эмне өзгөрүү болду?

Георгий Петров: Анын техникалык-материалдык базасы мурдагы бойдон эле калган. Алгач курулгандагы ток өткөрүүчү линиялар дале бар, аларды иштетсе болот. Эң негизги маселе башкаруучу бирдиктүү диспетчердик борбор иштебей калгандыгында. Анысы деле түшүнүктүү, башкаруучу ал борбор административдик буйрук берүүчү мезгилдин тушунда курулган. Албетте, ал буйрук берген. Бүгүн андай кырдаалда иштегенге мүмкүн эмес. Демек, ошол эле диспетчердик борборду азыркы рынок экономикасынын шартына ылайыкташтырыш керек. Ошол ишти эч ким жасабай жатат.

Жалпысынан алганда, бирдиктүү энергосистема иштейт, бирок натыйжасы жок. Аны калыбына келтириш үчүн региондогу өлкөлөр саясий чечимге барышы зарыл. Жумурияттардын энергетиктери өздөрүнүн лидерлерин бизге курулай патриотизмдин такыр кереги жок экенине ынандырышы лаазым. Бизге интеграция керек. Эгер бирдиктүү энергосистема иштесе, аны азыркы экономиканын шартына ылайыкташтырсак, ал баардык өлкөлөргө киреше гана алып келмек.

Төрөкул Дооров: Өткөн аптада Кыргызстанда эки ирет электр энергиясында авария болду. Баш калаанын жарымынан көбү жарыксыз отуруп калганын айттык. Азыркыдай оор абалдан чыгыш үчүн кыргыз өкмөтү кандай чарага барса болот деп ойлойсуз?

Георгий Петров: Азыркыдай оор шартта жашап жаткан Кыргызстан ошол бирдиктүү энергосистеманын ишин кайра жандандыруу идеясын колго алса болот деп ишенем. Эгер расмий Бишкек маселени көтөрсө, аны баары колдошмок. Эч нерсени өзгөртүштүн кереги жок. Өткөрүүчү линиялар бар, подстанциялар бар. Болгону жаңы шартта кантип иштешүүнүн жобосун иштеп, коррупцияга баткан диспетчердик борбордун ишин кайра караш керек. Ал жерде региондогу баардык мамлекеттерден өкүлдөр болсо жакшы. Анан Европанын, АКШнын энергосистемасындагы тажрыйбаны эске алса болду.

Төрөкул Дооров: Георгий Николаевич, Кыргызстанда акыркы ирет электр энергиясына тарифтер мурдагы президент Курманбек Бакиевдин тушунда көтөрүлгөн эле. Ага эл нааразы болуп, акыр аягында экинчи ирет бийликтин алмашуусуна алып келген жагдайлардын бири да ошол тариф болуп калды деген сөздөр айтылды. Азыр энергетиктердин баары эле материалдык база эскиргенин, көп жабдууларды алмаштырыш үчүн акча керектигин айтышууда. Акчаны тариф менен табуудан бийлик чочуласа, дагы башка кандай жолу болушу мүмкүн?

Георгий Петров: Менимче, баарыбыздын эле, Тажикстандын да, Кыргызстандын да, керек болсо, Казакстандын да энергосистемасына ремонт үчүн эле эмес, системаны өнүктүрүү үчүн да каражат зарыл болуп турат. Аны алуунун жападан жалгыз жолу – тарифтерди көтөрүш керек. Тилекке каршы, абал ушундай.

Кыргызстанда тарифтердин көтөрүлүшү ыңкылапка алып келди дегенге кошула бербейт элем. Бакиев, балким, башка катачылыктарды жасаган болушу мүмкүн. Бирок ал электр энергиясы үчүн тарифтерди жогорулатканын мен чындап энергосистеманын абалын оңдоого көрүлгөн аракет деп билем. Биз азыр, Кыргызстан менен Тажикстан, тарифтер боюнча эң төмөнкү деңгээлде турабыз. Мунун өзү биздин артта калганыбызды көрсөтөт.

Сырттан караганда, парадокстой көрүнчү жагдай бар – канчалык өлкөдө электр энергиясына тариф жогору болсо, ошончолук ал бай жашайт. Анткени энергиянын кубатын баалай билишет. Канчалык ал арзан болсо, энергияны өндүрүү иши да ошончолук баркталбай калат. Ошондуктан биздин региондогу өкмөттөр өздөрүнө ушундай “популярдуу эмес” чараны киргизиш үчүн жоопкерчиликти өздөрүнө алышы керек да, тарифти жогорулатышы зарыл. Мен Европадагыдай деңгээл жөнүндө айткан жокмун. Биздин өзүбүздөгү кырдаалдын, элдин социалдык ахыбалын эске алуу менен бир чекти айтышса болот. Бул чараны эртерээк киргизип, энергосистеманы оңдобосок, ал бир күн жөн гана иштен чыгып калат.

Мен Тажикстандагы чыгымдарды эсептеп чыктым: бүгүн энергосистеманын чыгашасы эл бир нече ай коомдук транспортко короткон акчага эле барабар экен. Ошол эле маалда биз да бул жакта өзүбүздүн элди “тарифтер жогоруласа, турмуш начарлап кетет” деп коркутуп жатабыз. Тетирисинче, тарифтер көбөйбөсө, бизде да, силерде да энергосистеманын толук кыйрашына алып келет.

Тажикстанда өкмөт имамдардын үгүтүн көзөмөлдөйт

Хатлон регионунан имам ажы Мирзо өлкөдөгү эң популярдуу дианятчылардан

Тажикстандагы мечиттердин имамдары жакындан тарта жума намаздагы диний үгүтүн расмий кабыл алынган темалардын алкагында гана өткөрө алышат. Моралдык баалуулуктардын тизмесин Өлкөнүн Дин иштери боюнча комитети түзөт. Буга каршы чыгып жаткандар өкмөттүн аракети элдин сүймөнчүлүгүнө айланып, бийликтерге баш ийбей бараткан айрым имамдарды эпке келтирүү үчүн эле жасалып жатат, дешет.

Тажикстандын Дин иштери боюнча комитети өкмөттүн колдоосун алган Ислам кеңеши менен биргеликте 60 темадан турган тизмени түзүп жатат. Жакындан тарта мамлекеттеги 300 жамы мечит жана 27 шаардагы борбордук мечиттин имамдары ошол тизмеде көрсөтүлгөн проблемалар боюнча гана элге таалим-тарбия бере алышат.

Бирок сынчылар, өзгөчө Ислам кайра жаралуу партиясынын активисттери, өкмөттүн чечимин кескин айыпташууда. Алардын ишениминде, азыр өкмөт имамдарды эл көбүрөөк колдоп жатканынан, алардын арасында жаштар көп болуп жатканынан чочулап турат.

Тизменин жакпаган тили

Дин комитети болсо шариаттын баалуулуктарын элге таркатууда имамдарга жардам берели деп жатабыз, коомду терроризм менен экстремизмдин коркунучунан сактап калалы деген ниет, дейт.

Комитеттин башчысынын орун басары Мухтор Мавлонов тандалып жаткан тизмеде ата-энеге кантип кам көрүш керек, коңшуларга карата сылык мамиле, урмат сыяктуу моралдык баалуулуктар гана бар дейт.

“Тизме, негизинен, баланы кантип чынчылдыкка, ишенимге, достукка үйрөтүү, тарбиялоо өңдүү исламдагы моралдык баалуулуктардан турат”, - деди Мавлонов.

Сөз болуп жаткан тизме ушул айда имамдарга таркатылат.

Душанбедеги борбордук мечиттин имамы Хамдулло Рахимзода андай тизменин кереги деле жок болчу деп эсептейт. “Биз жума намаздарда ансыз деле ушул өңдөнгөн моралдык баалуулуктар жөнүндө сүйлөп келгенбиз. Анткени ислам өзү бүт эле жакшы таалим-тарбиядан турат”, - деди ал.

Тажикстанда да, Кыргызстандагыдай эле, мечиттердеги таалим-тарбия жыйындары жума намаздын алдынан бир саат, анан намаздан кийин дагы бир сааттай улантылат. Анда элге үгүт жүргүзгөн айрым имамдар соңку жылдары миңдеген адамдардын сүймөнчүлүгүнө айланды.

Улуттук "хит"

Жума намаздарга, адаттагы намаздарга караганда, дайыма эле эл көп чогулат. Душанбедеги Казокон мечитинин имамы молдо Абдурахимдин айтымында, муну жума күнкү таалим-үгүттү угууну каалагандардын көбөйүп баратканы менен түшүндүрсө болчудай.

"Менин жыйындарыма эл көп чогулуп жатабы, - дейт имамдардын бири, - демек, эл мен тандаган темаларды кабыл алып жатат".
“Эл менен ал сүйлөшүүлөрдө эмнени айтышым керектиги тууралуу мага жардамдын деле кереги жок, - деди имам. - Биздин мечитте жума намазга бир саат калганда эле адамдар толуп калып жатканынын өзү биздин таалим-үгүт ишибиз элге канчалык жагып жатканынан кабар берет”.

Адатта, ал үгүт иштеринде имам үй-бүлөдөгү жаңжалдарды кантип чечүү, мүлк бөлүштүрүүдөгү талаштарды кантип жөндөө керектиги боюнча шариаттагы эрежелерди айтып берет. Көбүнчө эл менен суроо-жооп болот. Ошондой жыйындарды алып барган айрым имамдар, маселен, Туркобод мечитинен Эшони Нуриддин, Кулябдан ажы Мирзонун жыйындары өлкөдө эң популярдуу деп эсептелинет. Алардын масилээттери бир топ жерлерде DVD, CDге да жаздырылып, сатылып калат.

Бул эки имам бийликтерге чынында этикалык маселелер боюнча эмес, саясатты да талкуулаган динаятчылар катары таанылып калышты. Тажикстанда хижаб кийгенге тыйуу салышканда, ушул эки имам өкмөттү сындашканы бар.

Ошон үчүн айрым байкоочулар, алардын катарында Душанбедеги “Диалог” аналитикалык борборунун эксперти Хикматулло Сайфуллозода, өкмөт азыр өзүн сындагандарды элдин колдоосунан оолак кармаганга аракет кылып жатат деп эсептешет.

Экстремизм коркунучу

Тажик бийликтери динге жана ислам институттарына каршы кадамдары үчүн көптөн бери эле сындалып жүрүшөт. Тийиштүү лицензиясы жок деген себеп менен акыркы апталарда эле Душанбеде 10 мечит жабылды. Мусулман аялдары башына салынчу хижабды мектепке кийип келүүгө тыйуу салынган. Узун сакал коюнуп, башына селде салып жүргөн эркектерге да жактырбоо менен мамиле кылышат.

Жакында бийликтер чет-мамлекеттеги диний окуу жайларда билим алган 1500 тажик студентин кайра мекенине кайтарып келишти. Президент Эмомали Рахмон ал студенттерди террористтердин колуна түшүп калбасын деген ниетте кайтарып келишкенин айтты.

Өкмөт болсо өзүнө тагылган сынды четке кагып, мамлекет жарандардын диний эркиндигин камсыздаган дешет.

Кыргыздар да хоккей ойнойт

VII Кышкы Азия оюндары 30-январдан 6-февралга чейинки Астана жана Алматы шаарларында өтөт. Хоккей мелдешине кыргызстандыктар алгач ирет катышат.

Кыргызстандын Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин жетекчиси Алмазбек Касенов өлкөдө хоккейге кызыгуу кайрадан жандана баштаганын кеп салууда:

- Кыргызстандын жаратылыш шарты хоккей баштаган спорттун кышкы түрлөрүн өнүктүрүүгө абдан ыңгайлуу. Каракол, Нарын шаарларында, айрым айылдарда хоккей оюну кайрадан жандана баштады. Азиянын кышкы оюндарына өлкөнүн тандалма командасын түзүп, алгач ирет алып баратабыз. Азия өлкөлөрүнөн Кытай, Корея, Жапония, Казакстанда гана хоккей өнүккөн. Аларга теңелүү кыйын. Ошондуктан өнүгүп келаткан өлкөлөрдү экинчи Лигага бөлүп, биз Монголия, Индия, Тайланд жана Араб өлкөлөрү менен ойногону калдык. Ошондуктан бул топто мөрөй алууга, алар менен кыргыз жигиттери тең ата таймашка чыгып, байгеге илинип калуусу ыктымал.

Убагында Нарын облусу боюнча “мыкты хоккейчи” аталган "Дордой- Алатоо" командасынын чабуулчусу Султан Токоев кышкы Азия оюндарына барууга камданып жаткан экен.

- Биз бала кезде "Алтын шайба" мелдештери өтүп турчу. Атүгүл Орусияда өткөн биринчиликке да катышып келгенбиз. Кыргыз хоккейин өнүктүрүү мезгил талабы. Былтыр Чаектеги мелдешке ардагерлердин командасын баштап барып, жаш кезди бир эскерип, жыргап калдык эле. Быйылкы Казакстанда өтө турган кышкы Азия оюндарына өлкөнүн тандалма командасынын катарында барууга даярдык көрүп жатам.

Кыргызстандын хоккей федерациясынын президенти Анвар Оморканов намыска жарай турган чеберлер тандалып жатканын айтты:

- Команданын курамы толук. Бирок бизде оюнга ылайыктуу шаймандар жокко эсе болчу, демөөрчүлөрдүн жардамы менен жакында эле колго тийди. Барып эле акча маселесине такалат. Бишкектеги шаардык муз аянтында күнүгө эки маал машыгуу өткөрүп, даярданып жатабыз. Команданын катарында Жумгал, Нарын, Бишкектен тандалган оюнчулар бар. Жаш өзгөчөлүктөрү болсо - 16 жаштан 47 жашка чейинки оюнчулар. 80 пайызы жаштар. Мелдеште кандай болоорун бара көрөбүз да.

Нарын - кыргыз хоккейинин башаты

Кыргыз хоккейи Нарын тараптан чыйыр алган. Эми көп айлар бою аппак кар мекендеген бул чөлкөмдө хоккей чыйыр албаганда каяктан алмак эле? Совет заманында идеологиянын күчү менен балдар жапатырмак көчөлөрдө таяк менен таш койгулап, улуулар хоккей эмес эле "кокуй" турбайбы деген кез болгон.

Айылдыктар теледен көргөн кумирлери – Харламов, Петров, Третьяктай болууга аракеттенишчү. Бирок алардын же кийими, же клюшкасы, же конькиси болсочу? Тал-теректин бутактарын, атурсун кашааларды талкалап, таяк жасашчу. Шайбанын ордуна желим менен оролуп бекитилген талдын жоон бутагынын тегерек кесиги колдонулган.

Бутка болсо калың кийиз чокоюна “снегурочка” конькисин кайыш менен бекем таңып алышчу.

Кезинде Миң-Кушта хоккей ойногон Такин Рысбектегин алгачкы темир дарбазаны тор менен жасап, кийин алар союздук мелдештерге чейин барышканын эскерүүдө.

- Чынын айта кеткенде, финансылык кыйынчылык биздин кендирибизди кесип, бир топ максаттарыбыз анын айынан ишке ашпай калууда. Кашайып, биздин бактыбызга финансылык кризис да тушугуп туру. Бирок буга карабастан спортту сүйгөн, кыргызды бул жагынан да дүйнөгө тааныткысы келген дымактуу жаштар чыга баштады. Биздин учурда баары башкача эле. Союздук мелдешке чейин бекер барып келчү элек да.

Ал эми нарындык хоккейчи Ниязбек Алиев бетке кийген беткапты зымдан токуп, калың бышык кийизден талуу жерлерге, тизеге, чыканактарга калканчтарды ойлоп тапкан.

Кийин хоккейге ылайыктуу кош миздүү бийик конькилер алынып келинип, спорт формасынын алгачкы түрү пайда болду. Албетте бул хоккейдин эң жөнөкөй түрү болчу. Ушинтип айылдык демилгечилер хоккейди муундан муунга улап келишкен. Хоккей таягы мурас катары атадан балага, улуу агасынан кичүүсүнө өтүп, хоккей салтка айланган.

Шортон - хоккей айдыңы

Жумгалда хоккейдин өнүгүшүнө оң таасирин тийгизген дагы бир жагдай бар. Ал Чаектен бир нече чакырым аралыкта тоо боорунда жайгашкан Шортон көлү. Кышында 2 метрге чейин тоңгон табигый муз аянтчасы кыргыз хоккейинин айдыңы болду. Бирок кыргыз хоккейинин деми эгемендик жылдары сууп калган эле.

Эгемендиктин жетинчи жылында гана унутта калган хоккейи кайрадан жандана баштады. Адегенде Нарында профессор Эркинбек Матыев атындагы кордун фондунун демилгечилери дүйнөлүк хоккейдин легендалары орусиялык Вячеслав Фетисов жана канадалык Уэйн Гретцкинин атынан кыскартылган “Фети-Грет” спорт клубу түзүлдү. Ошентип 2000-жылдан бери Жумгалда хоккей мелдешин өткөрүү салтка айланды.

Хоккейдин жолу татаал, бирок кызыктуу

2007-жылы өлкөнүн Хоккей федерациясынын түзүлүп, азыр 13 команда катталды.

Өткөн жылы кыргыз хоккейчилери Орусия хоккей федерациясынын жетекчилери Вячеслав Третьяк менен Вячеслав Фетисовдун чакыруусу боюнча Москвага “Биринчи каналдын” кубогуна барып келишти. Иш сапардын шарапаты Орусиянын хоккей федерациясы гана эмес, Швеция, Финляндия, Чехия тараптар менен кызматташуу боюнча келишимдер түзүлдү. Учурда Кыргызстан Бүткүл дүйнөлүк хоккей федерациясына мүчө болуп, эл аралык мелдештерге жолу ачылды.

Хоккей кийими кымбат

Хоккейчинин кийими жана жабдыктары өтө эле кымбат турат. Коньки, таягы, шлем менен визор, тизе жана чыканак коргогуч, кол кап, капа, чолок шым жана башкалар кирет. Хоккейде дарбазачылардын кийими андан да кымбат. Өлкөнүн хоккей федерациясынын маалыматы боюнча, Кытайда чыгарылган оюнчунун кийими орто эсеп менен 900 АКШ доллары, ал эми дарбазачынын кийими 1500 доллар турат. Айтмакчы, кыргыз командаларынын дээрлик баарында аталган профессионалдык хоккейдик жабдуулар жокко эсе. Болгону бишкектик командаларда гана бар, ал дагы толук эмес.

Ошентип кыргыз хоккейчилери биринчи жолу эл аралык үлкөн мелдешке камданууда. Ырас, алар хоккей мекени Канадага эмес, бул эле коңшу Казакстанга бармакчы. Бул кыргызстандык спортчулар үчүн биринчи катаал сынак болгону турат.

Орусияда мигранттарга чектөө киргизилди

Орусияда соода түйүндөрүнө мигранттардан сатуучу коюга тыюу салынды.

Орусияда 1-январдан тарта базар, соода түйүн жана дарыкана жетекчилерине эмгек мигранттарынан сатуучу алууга тыюу салынды.

Ошондой эле ичимдик сатчуучу, алкоголу жок дээрлик суусун сатчу түйүндөргө чейин эмгек мигранттарды жумушка албоо чечими чыгарылган.Орусия өкмөтү 27-ноябрда ушул тармактар боюнча мигранттардын аралашуусуна нөл эсептеги квота киргизген. Ошол чечим күчүнө кирүүдө.

Эмгек мигранттарга квота 2007-жылы эле Кондопа шаарында жергиликтүү калк менен келгиндер, дегинкиси Кавказдан чыккандар кагылышынан соң кабыл алынган. Ал эми квота эсебин нөлгө дейре (б.а. жокко тете – ММ) жеткирүү токтому былтыр 27-ноябрда Владимир Путин колу менен чыккан. Ал токтом түшүндүрмөсүндө жумушка тартылган мигрант иш берген тарап чакыруусу менен келүүгө тийиш. Андан тышкары соода тармагы менен дары-дармек сатуу багытына мигранттарды жумушка албоо, маселен Маскөө жаңы башчысы талабы менен турмушка аша баштады.

Бул эреженин адилеттүү жагы бар экендигин эксперт Андрей Коровкин айтат:

- Соода түйүндөрүн чет элдиктерге берип коюшубуз кандайдыр бир кызык көрүнөт. Баарыдан мурда орусиялыктар иштесин ал жерлерде. Эгер ошондон соң да кол жетишпесе ошондо гана чет элдик жумушчу күч тартса болсо керек.

Орус өкмөтү эми сооданы супер жана гипермаркеттер арыклуу өнүктүрүү үчүн багыт алганын, ошон үчүн ал тармакка күч жумшап атканын эксперттер айтышат. Мындай аракеттин бар экенин тажик эмгек мигранттары менен иштешкен Каромат Шарипов да бышыктайт:

- Дээрлик ири соода түйүндөр: «Реал», «Ашан», «Мега» тармактарында Тажикстан, Кыргызстан, Өзбекстандан келгендер иштешет. Ал ырас, бирок алардын эмгеги оор, эртең мененки саат 9 дан кечки саат 10го дейре иштешет. Алардын эмгеги үчүн төлөнчү акы адилет болбой жүрөт.

SuperJob порталынын жетекчиси Алексей Захаров айтканга караганда, Маскөөгө караганда Маскөө алдындагы курулуштарда эмгек мигранттары жыш. Орусиядан жөнөтүлгөн акчалар маселен Кыргызстанга бир жылда 1 миллиард долларга жеткен. Ал эми Тажикстанга жөнөтүлгөн акча – 2 миллиард долларды чапчып барат.

Ошол эле Захаров маалыматы боюнча, Кыргызстандан былтыр жайкы коогалаңдан кийин жумуш издеп чыккан мигранттар Сибир шаарларына кетишүүдө. Орусиялык ырасмий булактар да ал аймктарга Кыргызстандан баргандар эсеби жарым миллиондон ашканын тастыкташат.

Өткөн жылдын 11-декабрында Манеж аянтында улутчул маанай үстөмдүк кылган топ оюну күйөрмандары менен кавказдыктар жана мигранттар ортосунда кагылыштан соң Владимир Путин келгиндерди каттого алууну күчөтүү керек экен деген. Ошол кептин илеби менен 1-январдан тартып каттоосу жок жүргөндөр кармала баштады. Кызык жери, бул бир эле виза албай келүүгө мүмкүн мурдагы советтик өлкө керегесин түзгөн өлкөлөр кулундары эмес ички жаат: кавказ, азиялык тарапта жашаган орусиялык жарандарга да тийешеси бар иш чара болуда. Маселен, 1-январ күнү Маскөөдө 200, дегинкиси өңү славянга окшобогон, эч жерде каттоосу жок келгиндерди кармоо болду.

Орусия федералдык миграциялык кызматы (ФМС) билдиргенге караганда, азыркы тушта Орусияда болжол менен алганда, 7 миллионго чукул мигрант бар. Ал кызмат жетекчиси Константин Ромодановский айтышынча, мыйзамдуу түрдө каттоодо турушканы 4,5 миллион. Калганы мыйзамсыз келип алышкандар жана алардын кайда экени дайынсыз. Быйыл, 2011-жылы чет элден жумушчу күчүн тартууга берилчү квота 100миң орунга кыскарат. Жалпы эсеп 1 миллион 7 жүз миңге араң жетет.

Эксперттер ою боюнча, Орусия ишке даярдыгы жок чет элдик мигранттарды пайдаланууга таптакыр тыюу салуу керек. Орусиянын өзүндө иш билбеген кишилер толуп жүрөт. Акыркы учурда колунан иш келген, адистиги бар кишилерди гана Орусияга киргизүү талабы уламдан-улам айтылууда.

Азия футбол конфедерациясынын жетекчилери шайланды

Катарда Азия футбол конфедерациясынын 24-конгресси ишин жыйынтыктады. Мында жетекчилерди кайра шайлоо өттү. Вице-президенттикке кыргызстандык талапкер жетиштүү добуш алган жок.

Жыйында Азия континенталдык федерациянын президенти жана анын орун басарлары шайланды. 2002-жылдан бери Азия континенталдык федерациясын жетектеп келаткан 61 жаштагы катарлык Мохамед Бин Хаммам президенттик орунда 2015-жылга чейин бир добуштан калды.

Ага атаандаш болуп эч ким талапкерлигин көрсөткөн эмес. Анын орун басарлыгына Непалдан, Шри-Ланкадан, Ирандан жана Кыргызстандан төрт талапкер сунушталып, непалдык Ганеш Тапа шайланды. Калган үчөөнүн катарындагы кыргызстандык талапкер, Футбол федерациясынын президенти Айбек Алыбаев жетиштүү добуш ала алган жок.

Жергиликтүү спорт күйөрмандары Кыргызстандын Азия футбол конфередерациясынын жетекчилигиндеги орунга жетпей калышын эл аралык уюмдар менен кызматташтыктын солгундугу менен байланыштырып жатышат.

Канттын “Абдыш-ата” футбол клубунун чабуулчусу Нурзат Кадыркулов Азия конфедерациясы менен кызматташуу начар деп эсептейт:

- Эл аралык футбол федерациясы жана Азия конфедерациясы менен кызматташып, алардын жардамы менен долбоорлорду ишке ашырбасак, кыргыз футболунун абалы начар. Мурда алардын жардамы менен машыктыруучулар “Футуро” деген атайын курстан окуп, билимдерин жогорулатчу эле. Азыр анын бири жок. ФИФАнын жардамы аркылуу өлкө аймагында жетимишке жакын машыктыруучу иштеп, балдар футболу жанданып калган. Азыр ал демилгенин деми сууп турат.

Футбол федерациясынын мурдагы жетекчиси, мурдагы өкмөт башчысы Амангелди Муралиевдин айтымында, эл аралык, Азиялык спорт уюмдары сунуштаган долбоорлор ишке ашпай калды. Бул да өз кезегинде Кыргызстандын эл аралык аброюна зак кетирди:

- Көп долбоорлорду түзүп, ФИФА, АФК менен кызматташууну жөнгө салып койгон элек. Ошол учурда башталган долбоорлор аягына чыкпай турат. Жаңы долбоорлордон дайын жок. Ар жыл сайын футбол федерациясына 350 миң АКШ долларынан инвестиция алып келип турган элек. Ушул уюмдардын жардамы менен өлкөдө футбол борборлорун түзүп, жасалма кыртыштуу футбол аянтчаларын курууга жетишкен элек. Мындай футбол аянты Ош шаарында дагы курулмак эле. Баары ФИФА, АФК жетекчилери менен макулдашып коюлган болчу. Ал долбоор да ара жолдо калды.

Ошол эле мезгилде футбол тармагында ишмердигин улантып жаткандар футболду жандандыруу аракеттери күч экенин айтып жатышат. Бишкек шаардык спорт комитетинин төрагасы Шейшенкул Бакировдун айтымында, даңазалуу “Алга” командасы кайра түзүлдү. Ага заманбап шарт түзүү үчүн 12 млн. сом каражат бөлүндү. Бакиров жер-жерлерде футбол клубдарын түзүлсө атаандаштык күчөп, ага жараша футболдун деңгээли өсөт эле дейт:

- Мамлекеттеги жагдай да бардык тармактарга таасирин тийгизип жаткан учуру. Өлкөнүн ал-абалы кандай болсо, спорт, футболдун деле деңгээли ошого жараша. Мурдагы жылдары Жогорку лигада он команда ойносо, былтыр 6 команданын үчөө гана акырына жетти. Дүйнөдө бир да өлкө жок болсо керек, Жогорку лигасында 5-6 команда ойногон. Ошондуктан ар бир облуста бирден команда болсо, атаандаштык дагы болмок. Футбол - өлкө абалынын күзгүсү болуп турат. Дүйнөлүк футболдун арымы күчөп баратат, бизде артка кетип бараткандай жагдай болуп турат.

Учурда кесипкөй клубдардан “Абдыш-Ата” менен “Дордой” командаларына тең атаандаштар чыкпай, алардын чеберчилиги аксап турат. Мурдагы жылдары Жогорку лигада он команда ойносо, былтыр 6 команда марага араң жетти.

Спорт күйөрмандарынын бир бөлүгү спорт, анын ичинде футбол деле өлкөнүн чамасына жараша өнүгөт дешет. Бул аралыкта Азия аймагында футболдун арааны жүрүп, кызыккандардын катары улам өсүп баратат. Байкоочулар Кытайдан Индияга чейин созулган бул аймактагы тенденция чын эле “футболдун келечеги Азияда” экенин айгинелеп турат деп жатышат. Ошол толкунда кошуна өлкөлөрдөн Өзбекстандын футболу Кыргызстандан ат чабым алдыда баратат.

7-январда Дохадагы Азия Кубогунун финалдык оюндары Катар жана Өзбекстандын тандалма командаларынын ортосундагы мелдештен башталат.

Катардагы Конгресске сот департаментинин мурдагы жетекчиси, экс-президент К.Бакиевдин жардамчысы, президенттик администрациянын жетекчисинин мурдакы орун басары, учурдагы футбол федерациясынын президенти Айбек Алыбаевден сырткары федерациянын башкы катчысы Нуртазин Жетибаев жана эл аралык бөлүмүнүн жетекчиси Нурдин Букуев катышты.

Пакистан: коалиция кылдын учунда

17-декабрда эле Пакистан парламенти Гиланини кытайлык кесиптеши Вен Цзябао менен жылуу кабыл алган.

Коалициядагы экинчи эң ири партия оппозицияга кеткен Пакистанда кийин премьер министр Юсуф Гилани жаңы өкмөт түзө албай чайналууда. Ал өкмөт сакталып калат деп айтып жатат, бирок оппозиция анын бүт кабинети менен кызматтан кетишин талап кылууда.

Жамандыр-жакшыдыр, парламенттик демократиянын шартында ондогон жылдардан бери жашап келаткан Пакистан үчүн өкмөт куруунун азабы жакшы белгилүү, бирок "белгилүү" деген "жеңил-желпи" дегенди билдирбейт окшобойбу!

МКК же Мутахида Кауми кыймылы өкмөттөн чыгаарын өткөн жекшембиде (2-январда) жарыялаган эле.

Гилани эртеси эле жаңы коалиция куроонун айла-амалын издөөгө киришти.

МККдан келген Жаштар министри Файзал Сабзвари кырдаалды шейшембиде Карачиде журналисттер менен талкуулады:

Биз кабинеттен 27-декабрда чыкканбыз, биз өкмөткө тийешелүү орундуктарды бошотуп, Улуттук жыйын менен Сенаттагы оппозиция менен болууну чечтик. Бирок оппозицияга өтсөк да, биз өкмөттүн туура багыттагы иштерин колдоону уланта беребиз.

342 орундуу Улуттук жыйындагы көпчүлүктү калыбына келтирүү үчүн зарыл болгон бир нече мандат боюнча Гилани дүйшөмбүдө оппозиция лидерлери менен сүйлөшүү жүргүздү. Бийликтеги Пакистандын Элдик партиясына тең-төрага болгон Гилани кабарчылар менен жолукканда «өкмөт кыйрабайт» деген үмүтүн ортого салды.

Болжолу Гилани Пакистандын Мусулман Ливасы – Наваз деп аталган башкы оппозициячыл партиядан үмүттөнүп жатат. Бул партияны өлкөнүн мурдагы премьер-министри Наваз Шариф жетектейт. Эгер анын колдоосун ала алса, Гиланинин басмайылы кыйла бекемделмек.

Пакистандын өкмөт башчысы шейшембиде Наваздын иниси, Пенжаб дубанынын министри Шахбаз Шариф менен жолукту, бирок Наваздын партиясы кризистен чыгууга карата кандайдыр бир анык-так турумун билдирген жок.

Бирок, бул партиянын мартабалуу өкүлдөрүнүн бири, Улуттук жыйында оппозицияны жетектеген Чаудри Нисар Али Хан «бул өкмөттү буттан чалгыбыз келбейт, бирок эгер ал көпчүлүктөн айрылса, биз аны колдобойбуз» деп айтты.

Гилани Пакистандын Каиди-Азам Мусулман лигасынын жетекчиси Чаудри Шужаат Хусайн менен да көздөштү. Сүйлөшүүдөн кийин Хусаин кабарчыларга «элдин реалдуу маселелери чечилсин деген шарт менен колдообузду бердик» деп айтты.

Пакистандын президенти Асиф Али Зардари Гиланинин партиясына мүчө.

Президенттин билдирүүсүн ачыктап жатып, анын маалымат катчысы «Зардари Гиланиге толугу менен ишенет, коалициялык өкмөттү кыйратууга каршы ар кандай аракеттерди болтурбоодо аны ар тараптуу колдойт» деди.

Вашингтондо Мамдепартаменттин өкүлү Пакистандагы саясий капсалаң өкмөттүн исламчыл экстремисттер менен күрөшүн солгундатат деген тынчсызданууну четке какты:

– Биз Пакистандын өкмөтүн колдой беребиз. Азыркы тапта учурдагы саясий кырдаал сөзсүз эле жетекчилерди алардын күнүмдүк иштеринен алагды кылат деп айта албайм.

Кроули «мындай саясий бороон-чапкын парламенттик системада боло жүргөн көрүнүш» экендигин кошумчалады.

Мындан бир нече жума мурда, Гилани бир министрин иштен алгандан кийин Жамият Улема-е-Ислам Фазл деп аталган диний партия коалициядан чыгып кеткен эле.

МКК оппозицияга өткөндөн кийин бул партия Гиланини кабинети менен кошо кызматтан кетүүгө чакырды.

МККнын оппозицияга кетүү чечимине партиянын лидери Карачиде президент Зардари менен жолуккандан кийин келген. Партия өз кадамын күйүүчү майдын кымбаттап кетиши жана өзүнүн тынчсызданууларына өкмөт олуттуу мамиле жасабай жаткандыгы менен түшүндүргөн.

Баалардын кымбатташы мына бул Гүлфам Ахмедге окшогон карапайым кишилердин кабыргасын кайыштырууда:

Бензин менен шекердин баасы быйыл үч эсеге өстү. Деги принцип деген барбы? Бардык саясатчылар колуна тийгенди сугунуп койгон каракчыга окшош. Алды-артыбызды карагыча эле, чет өлкөгө качып кетишет, биз болсо колубузду жайган бойдон кала беребиз.

Гиланинин өкмөтү үчүн өткөн жыл оңой болгон жок.

Өлкөнүн Батыштагы ынтымакташтары өкмөттүн талиптер менен солгун күрөшүн сынга алып келди.

Күздө өлкөнүн көп жерлерин каптаган селден 20 миллион киши жапа тартып, өкмөттө ого бетер түйшүк күчөдү.

Шериктештик кубогу: “Нефтчи” үмүт актайбы?

Футболдон Шериктештик кубогу 15-январда Санкт-Петербургда башталат. Быйыл Кыргызстандын намысын Кочкор-Атанын “Нефтчи” командасы коргомокчу.

Буга чейин Шериктештик кубогуна Нарындын “Дордой” клубу гана катышып келген эле. Кыргызстандыктар Шериктештик кубогунда бир да жолу жеңишке жетишкен эмес. Ал жаман салтты кочкораталыктар буза алабы?

2010-жылы өлкөнүн чемпиону болгон Кочкор-Атанын “Нефтчи” командасы Шериктештик кубогуна катышуу үчүн Санкт-Петербург шаарына 13-январда аттанып кетишет.

Алардын атаандаштары "А" тобунда Азербайжандын чемпиону "Интер", Молдованын жеңүүчүсү "Искра-Сталь" жана Тажикстандын чемпиону "Истиклол" командалары болмокчу.

Биринчи беттешүүлөр 15-январда башталат. 19-январда чейрек финалдык оюндар болот.
Жарым финалдык беттешүүлөр 21-январда, финалдык баш байге үчүн таймашуу 23-январда өтөт.

15-январда “Нефтчи” командасы Азербайжандын чемпиону "Интер" менен беттешет. Эртеси күнү кыргызстандык футболчулар Молдованын жеңүүчүсү "Искра-Сталь" командасы менен таймашка чыгат. 18-январда Тажикстандын чемпиону "Истиклол" командасы менен ойнойт.

Команданын жетекчиси Медер Сыдыков Шериктештик кубогуна камылга көрүп, катарына “Абдыш-Ата”, “Алга”, “Шер” футбол клубдарынан мыкты оюнчуларды кошуп алышканын жашырбады.

- Машыгуулар чынында мен ойлогондой болуп жатат. Себеби Кочкор-Атада жасалма кыртыштуу футбол талаасы болбогондуктан, машыгуу үзгүлтүккө учурап калбасын деп 2-январдан бери Бишкекте өткөрүп жатабыз. Бишкекте гана толук машыгууга мүмкүндүк болуп, жасалма кыртыштуу талаада оюн өткөрдүк. Санкт-Перетбургда дагы мына ушундай жасалма футбол аянтында таймашуулар болмокчу. Ошондуктан күнүгө 2 маал машыгуу өткөрүп, эс алуудан кийин жигиттерди табына келтирүү аракетинде болуп жатабыз. Ал жакта атаандаштардан апкаарыбай, колдон келишинче, алдын жетишинче ойнойбуз. Команданы күчтүүлөп катарыбызга “Абдыш-Ата”, “Алга”, “Шер” футбол клубдарынан мыкты оюнчуларды кошуп алдык. Калганын мелдеш көрсөтөт да.

Колдоо да, жеңиш да жок

Футбол федерациясынын жооптуу кызматкери Дастан Конокбаев намысты сактоого аракет кылышарын айтып, бирок баш байгеге талапкер болуу кыйын экенин жашырбады.

- Даярдык орточо. Атаандаштар да күчтүү командалар. Биздин жигиттер мындай ири мелдештерде такшалып, тажрыйба гана алып келет го.

Футболдон өлкөгө эмгек сиңирген машыктыруусу Бообек Кадыркулов Шериктештик кубогунун деңгээли төмөндөп баратканын айтты. Ал футболдун деңгээли өлкөнүн экономикалык абалына байланыштуу экендигин белгиледи:

- Быйыл да үмүттү "Нефтчи" командасы актай албайт го. Себеби Европа аймагында ойногон атаандаштарга теңелүү кыйын. Жок дегенде быйыл бир жолу тең чыгып келсе деп тилек кылып турабыз. Жыл сайын “Дордой” командасы ири эсеп менен жеңилип келип, ишенич акталбай келатат. Негизи футболго мамлекеттик деңгээлде жардам, колдоо керек. Жыл өткөн сайын Шериктештик кубогунун деңгээли да төмөндөп баратат.

"Дордой" командасы
Шериктештик кубогуна катышкан Кыргызстандын командалары жыл сайын ири эсеп менен утулганын «Заман-Кыргызстан» жумалыгынын баяндамачысы Табылды Асыгалиев да айтты.

- Жок дегенде быйыл бир жолу тең чыгып келсе деп тилек кылып турабыз. Жыл сайын ири эсеп менен жеңилип келишип, ишенич акталбай келатат. Быйыл өз тобун утуп, чейрек финалга чыкса деген үмүт бар. Ушундай чоң мелдештерге катышып турса гана футболдук чеберчилик жогорулайт.

Өлкөдө футболду өнүктүрүү үчүн чемпионатты жакшы жолго коюп, деңгээлин жогорулатуу зарыл. Курч беттешүүлөрдүн жоктугу чеберчиликти аксатып турат. Ар бир облуста жок дегенде бирден команда болуп, атаандашып турса дурус болмок.

Тилекке каршы Чүй, Бишкек, Оштун командалары менен чектелип, чыныгы кесипкөй 2-3 футбол клубу гана иштейт. Өкмөттүк денгээлде футболго көңүл бурулмайын, мамлекеттик колдоо болмоюн өлкөдө футбол өнүкпөйт жана мыкты келечектүү жигиттер коңшу өлкөлөргө кетип кала бермекчи.

Кыргызстан эгемендүү өлкө болгону 1992-жылдан бери ФИФАга мүчө. Ошондон бери эл аралык мелдештерге катышып келет. Он жети жылдан бери өлкөнүн жеңүүчүлөрү Шериктештик кубогуна катышканы менен ийгиликке жетпеди.

Өлкөнүн алты жолку чемпиону "Дордой" командасы Шериктештик кубогуна алты ирет катышып, өз тобунан алдыга чыга алган эмес.

Кытайдын Борбор Азиядагы жылжыма саясаты

Кытайлык соодагер кардарларды күтүүдө

Кытай менен Борбор Азиянын беш мамлекети арасындагы соода-экономикалык байланыш ылдам өсүп барат. Быйыл Тажикстандын Мургаб шаарында кытайлыктар курган чоң кампа жай ачылат. Бул кампа жай бүтсө, Кытайдан Борбор Азияга кийим-кече, электрондук жана башка товарлар дагы агылып келе баштайт.

Ошентип 1893-жылы Россия курган аскерий чептин айланасында түптөлгөн шаарча Кытай регионго кирчү жана бир дарбазага айланат.

Кытай акыркы жылдары Чыгыш жана Түштүк Чыгыш Азиядагы соода жана саясый таасирин акырындап күчөтүүдө. Бээжин бир кезде Россия үстөмдүк кылган Борбор Азияга да шашпай боюн баткырууда.
Негизинен кытай товарларын саткан Кара-Суудагы Туратаалы базары, 20-октябрь 2010


Кытай жетекчилиги Борбор Азияны өлкөнүн энергетикалык коопсуздугун камсыздоодо, тышкы сооданы кеңейтүүдө жана Синзяндагы же Чыгыш Түркстандагы этникалык туруктуулукка жетишүүдө негизги таяныч деп билет. Ошон үчүн региондон чыгышты көздөй мунай-газ куурлары тартылууда; темир жана тасма жолдор салынууда; Борбор Азиянын байтак шаарларында мандарин тилин үйрөткөн Конфуций институттары ачылууда.

Кытайлык генерал Лю Ячжоунун айтышынча, “Борбор Азия бүгүнкү Кытай үчүн теңир берген ырыскынын берекелүү бир бөлүгү”. Андан улам “Нью-Йорк Таймс” гезити региондогу беш күнкорсуз өлкө: Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан, Түркмөнстан жана Өзбекстан кайрадан Россия, Кытай, АКШ сыяктуу ири державалар атаандашкан майданга айланды, деп жазат 2-январдагы санында.

Бул үч оюнчунун ичинен Кытай эмнеси менен айырмаланат? Бул суроого:

“Кытай АКШ жана Россиядан өзгөчөлөнүп, саясый максатын эч качан ачык жарыялабайт. Ошон үчүн Кытайдын геосаясаты ар кандай күбүр-шыбырлар менен коштолууда. Бээжин азыр Борбор Азиядагы саясатын эки багытта жүргүзүүдө. Биринчиси, аймактын энергетикалык байлыктарына кирүү. Себеби Кытайдын экономикасы тез өсүп жаткандыктан мунай-газга жана башка ресурстарга талап өсүүдө. Экинчиси, Кытай катардагы мамлекет эмес, дүйнөлүк империя болууну кааласа, Борбор Азияны контролдоо өтө маанилүү,”-
дейт тажикстандык эксперт Парвиз Муллажанов.

Баса, WikiLeaks сайтында жарыяланган маалыматтарга караганда, АКШлык дипломаттар Кытай "Манас" транзиттик борборун жабуу үчүн кыргыз бийликтерине 3 миллиард доллар сунуш кылган деп шектенишет. Мындай шектенүүгө АКШнын Бишкектеги элчиси Татиана Гфеллер айым 2009-жылы 13-февралда Кытай элчиси Чжан Яньнан менен болгон кездешүүдө Кыргыз тараптан берегидей маалымат алганын айтканда, орусча сүйлөшүп жаткан кытайлык элчинин сөз таппай буйдалып калганы негиз берген.

Кытай президенти Ху Цзянтао жана Өзбекстан президенти Ислам Каримов Ташкенттеги кездешүүдөн кийин шампан ичишүүдө. 9-июнь 2010
Дүйшөмбүлүк эксперттин баамдашынча, Кытайдын регионго болгон астейдил мамилеси, берешендеги АКШлык таанымал саясатчы Збигнев Бзежинскийдин лакапка айланган мына бу сөзүнө да байланыштуу. “Россия Украина жана Борбор Азиясыз жөнөкөй эле улуттук мамлекет. Украина жана Борбор Азиялуу Россия – бул империя”,- деген Бзежинский.

Парвиз Муллажановдун сөзүнчө, бүгүн Тажикстан-Кытай арасындагы экономикалык байланыш жигердүү өнүгүүдө жана Тажик жетекчилиги үчүн Бээжиндин кредитти эч кандай саясый талабы жок бергени маанилүү.

“Кытай Тажикстан үчүн ири инвесторлордун бири. Инвестицияны негизинен инфраструктурага салууда,-дейт Муллажанов. -Тажик өкмөтү үчүн Кытайдын Батыш инвесторлору сыяктуу демократия, адам укугу, сөз эркиндигинин абалы деп, талап койбогону маанилүү. Кытай үчүн өз жумушчуларын салган капиталы менен кошо өлкөгө ала баруу маанилүү. Алар акырындап отуруп, өзүнчө диаспорага айланат. Бул диаспора болочокто ошо өлкөдөгү ички жагдайга таасир этчү күчкө айланат”.

Статистикалык маалыматтарга кайрылсак, Кытай менен Борбор Азия өлкөлөрү арасындагы соода 1992-жылы 527 миллион долларды түзсө, 2009-жылы 25, 9 миллиард долларга чыккан. Бул, генерал Лю Ячжоу жазгандай, Борбор Азия элдеринде керектөөнүн жарыша өсүшүнө алып барды.

Соода-экономикалык кызматташуу Кытайдын таасирин да өстүрүүдө. Ошол эле учурда, арзан жумуш күчү өндүргөн кытай товарлары каптап кирген өлкөлөрдө күнүмдүк тириликке зарыл товарларды өндүргөн ишканалардын абалын оорлотууда. Жумушчулар ишсиз калууда.

Мыйзамдаштырылган нацизм

Орусияда улутчул маанайдагы топтордо 70 миңдей мүчө бар экени айтылат

Орусияда быйыл 37 адам кырма баш улутчулдардын колунан өлгөн. Дагы 368 киши жарадар болгон. Өлгөндөрдүн ичинде 16 адам - Борбор Азиядан келгендер. Бул тууралуу Москвадагы “Сова” укук коргоо борбору бүгүн жарыялаган жылдык отчетунда билдирди. Анын эксперттеринин айтымында, чет-өлкөлүктөргө чабуул өзгөчө Москвада жана Санкт-Петербургда көбүрөөк катталган. Докладдын авторлорунун бири Галина Кожевникова мурдагы жылдарга салыштырмалуу скинхеддердин колунан өлгөндөрдүн саны азайганын, бирок коомдо “Орусия орустар үчүн!” деген ураанды колдогондор көбөйгөнүн айтты.

Жөнөкөй скинхед чеченге кол салгандан көрө көчө шыпырган кыргызга кол салганды оңой көрөт
Галина Кожевникова:
Узак убакыттан алып караганда, соңку эки жыл салыштырмалуу тынчыраак болгондой сезилет. Башкача айтканда, скинхеддер башка расадагы адамдарга азыраак кол салышты же бизге андай окуялар тууралуу маалымат жетпей жатат. Москва, Санкт-Петербург өңдүү ири шаарларда милиция чет-өлкөлүктөргө такай чабуул жасап келгендерди кармоо операцияларын күчөткөнүн көрдүк. Эми дайыма ушундай болот деп ойлобойм. Кичине эле милиция бош келсе, улутчулдар кайра активдеше башташат. Азырынча ушул эки шаарда кырмабаштардын чабуулдары азайды. Калган шаарларда абал мурдагыдай эле.

Төрөкул Дооров: Акыркы эки жылда скинхеддердин чабуулдары азайганына укук коргоо органдарынын иши активдешкени эле себеп болдубу же коомдо да чет-өлкөлүктөргө карата мамиле өзгөрүп жатабы?

Премьер-министр В.Путин футбол фанаттары менен жолугушууда, Москва, 21-декабрь, 2010
Галина Кожевникова:
Биз муну укук коргоо органдары активдүү иштей баштаганы менен байланыштырып жатабыз. Тилекке каршы, коомдо маанай өзгөргөн жок. Муну Манеж аянтында болгон акыркы окуялар деле көрсөттү. Мен мында футбол фанаттарынын ал жерде тополоң чыгарышканын эмес, ошол окуяларга карата орусиялыктардын мамилесин өзгөчө бөлүп айтмакмын. Акыркы сурамжылоолорго караганда, орусиялыктардын 10-15% Манеждеги окуяга өздөрү да катышкысы келгенин айтышты. Бул дегени өлкөнүн калкынын ушул бөлүгү Орусияда адамды расасына карата басмырлоону колдойт, ошого катышкысы келет дегенди билдирет. Анын үстүнө 2003-жылдан бери эле “Орусия орустар үчүн!” деген ураанды жалпы өлкө калкынын жарымынан көбү колдоп келатат. Бул – диагноз, коомдо ксенофобиялык өнөкөт оору бар экенин айгинилейт.

Төрөкул Дооров: Сиздер жылдык отчетуңуздарда укук коргоо органдарынын активдүү ишин белгилеген экенсиздер. Азыр эле сиз айткан Манеж аянтындагы окуялардан кийин премьер-министр Владимир Путин футбол фанаттары менен жолугушуп, ал жерде: “Силер өзүнчө бир үлкөн күчкө айландыңар. Мен ошон үчүн силер менен жолугушуп жатам”, - деп белгиледи. Муну сырттан карагандардын көбү “Путин да ал улутчулдарды колдоп жатат” дегендей комментарийлеп жатышты. Эмне үчүн өкмөт-башчы андай деди деп ойлойсуз?

Москвада футбол күйөрмандарынын тополоңу, 11-декабрь, 2010
Галина Кожевникова:
Менимче, бул бийликтин эмне кылаарды билбей, абдырап калганынан кабар берет. Жогорку бийлик көптөн бери улутчулдукту өзү каалагандай башкара алаарына ишенип келген. Бирок анын коркунучун даана сезгенде эмне кылышты билбей калды. Карап көрсөңүз, президент Дмитрий Медведев Манеждеги тополоңдон 3-4 күн өткөндөн кийин гана алгачкы билдирүүсүн жасады. Медведев менен Путин болсо биргелешкен билдирүүсүн андан алты күн өткөндөн кийин гана жарыялашты. Мунун баары бийликте азыркы улутчул маанайды кантип басыш тууралуу планы жоктугун билдирет. Путиндин фанаттар менен жолугушуусу, бир чети, “Кайсыл бир кыймылды баса албасаң, аны өзүң башкарып ал” деген өңдүү схемага туура келет. Путин дал ошол үчүн алар менен жолугушту деп толук ишеним менен айта албайм. Бирок ал жолугушуунун болгонунун өзү, кайсыл бир деңгээлде, улутчулдук биздин өлкөдө легалдашты, “орус нацизми мыйзамдаштырылды" деп түшүнсө болот.

Төрөкул Дооров: Быйылкы отчетуңуздарда кырма баш улутчулдардын колунан 2010-жыл ичинде 37 адам өлгөн болсо, ошолордун 16 борбор азиялыктар экенин айтыпсыздар. Буга чейин Кавказдан чыккан улуттар скинхеддерден көбүрөөк жабыркашчу. Бул ирет Борбор Азиядан чыккандар көбүрөөк өлгөнү эмнеден кабар берет?

Галина Кожевникова: Мунун баары миграциянын агымына жараша болот деп ойлойм. Мурда Кавказдагы ар кайсыл мамлекеттерден келгендер көбүрөөк болчу. Азыр деле орустар арасында кавказдыктарга карата жек көрүү сезими күч. Бирок алар Орусияда көптөн бери жашашат. Ошондуктан улутчулдардын чабуулдарына туруштук берүүнү да үйрөнүштү. Маселен, азыр скинхеддер азербайжандыктарга же чечендерге кол салгандан коркуп калышты. Анткени алар өч алганы келип союп кетиши мүмкүн. Ал эми борбор азиялыктар азырынча андай күчкө ээ эмес. Ошондуктан жөнөкөй скинхед деле чеченге кол салгандан көрө көчө шыпырган кыргызга кол салганды ыңгайлуу көрөт. Анткени ал көчөдө иштейт, жалгыз. Аны уруп-сабап кетишсе да, ал эч нерсе кыла албайт. Милицияга барса, аны укпай коюшу мүмкүн. Кээде, керек болсо, дворниктин өзүн башка эле кылмыштарды мойнуна илип отургузуп коюшу да ажеп эмес.

"Орусия эми Кыргызстанга алдын-ала өлчөп гана жардам берет"

Алмазбек Атамбаев менен Владимир Путиндин жолугушуусу.

Кыргызстан-Орусия алакасынын кандай жолго түшө турганы жөнүндө маскөөлүк саясий талдоочулар кеп салышат.

Александр Храмчихин: Кыргызстандын Бажы союзуна кириши кыйын

“Азаттык”:
Александр мырза, Кыргызстан премьер-министри Алмазбек Атамбаев жаңы орунга шайланганга он күн толо электе Маскөөгө сапар алды. Бул анын биринчи жолку чет өлкөгө болгон иш сапары болду. Ушуну Сиз кандай кабылдадыңыз?

Александр Храмчихин: Бул Кыргызстандын башкы союздашы Орусия деп таанышын айкындап турат. Чынында Орусия гана Кыргызстанга экономикалык жана аскерий жардам бере алат. Калган мамлекеттер берчү жардамдар иш жүзүндө, же куру убада, же андай жардамдын түбү келип басып алуучулук жарына такоо болот.

“Азаттык”: Жогорку бийлик оозундагы кепте Кыргызстандын Бажы союзга кошулуусу айтылып жүрөт. Эгерде андай болгондо Лукашенко менен Бакиев досчулугу жолтоо болбос бекен? Ушул жагдайды сиз кандай түшүндүрөр элеңиз?

Александр Храмчихин: Жолтоо боло турган маселе жалгыз эле ушул эмес. Азыр Бажылык союз ишкердиги жандана элек. Анын үстүнө ага мүчө болуп өтүшкөн үч өлкө ортосунда кыйла тирешүү бар. Эми кошулган ар бир жаңы мамлекет дагы бир башка карама-каршылыктарды жаратат. Бул айдан ачык. Андан сырткары Кыргызстан Бажы союзуна кирген үч өлкө катарында экономикалык салмагы кыйла начар. Ошондуктан, менин баамымда, союзду азырынча кеңейтүү болбойт. Кандайдыр бир шылтоо менен Кыргызстанды ага мүчө кылып алуу мөөнөтү узартылат. Бери дегенде, Бажы союзу чындап ишин жүргүзүп кеткенге дейре...

“Азаттык”: Бул деле куру убада, тил эмизүү экен да?

Александр Храмчихин: Жок, бул такыр эле тил эмизүү эмес, бирок жакынкы учурда ал союзга мүчө кылып эч бир өлкөнү алуу болбойт. Бери дегенде, беш жылга...

Ажар Куртов: Орусия Кыргызстанга мурдагыдай жардам бербейт

“Азаттык”: - Ажар мырза, Кыргызстан өкмөт башчысы Алмазбек Атамбаев Орусия өкмөт башчысы Владимир Путин менен жолугуп кетти. Ушул учур канчалык деңгээлде эки мамалекет ортосунда алаканы чоң жолго сүрүп чыгара алат?

Ажар Куртов: - Атамбаев күткөн ишке Маскөө кантсе да көнө койбойт. Анын күткөнү эмне? Анын үмүтү - жакында Кыргызстанды Бажылык союзга Орусия, Беларус жана Казакстан уюштурган уюмга алуусу. Андай болбойт. Бажылык союзу жаңы эле уюшулду. Ал эми Кыргызстан эмдигиче өз чек арасын көзөмөлгө алганга күчү жетпей келет. Абдан тоскоол болор жагдай ушул. Бажылык союзу алдыңкы өнүгүүдөгү өлкөлөр үчүн уюшулган. Бери дегенде өз мамлекетиндеги мекемелери менен өз чек арасын кайтарууга тың жараган өлкө болушу керек.

Кыргыз өкмөт башчы журналисттер алдында айткан кебиндегидей, ошончо эле ири көлөмдөгү, канча жүздөгөн миллион доллардык жардам берүү деле болбойт. Кантсе да Орусия эми жардамды алдын ала өлчөп, кашыктап бергенге өтөт. Кайсы бир программа боюнча, баарыдан мурда, энергетикага, ушул ишке гана жумшалсын деп, ага багыштап бергенге өтөт. Андан сырткары гумжардам берет. Ошондуктан Кыргызстан жетекчилиги, Аскар Акаев менен Курманбек Бакиев учурунда алардын өкмөтү менен бийлигине берген жардамдай Маскөө азыр да күрүлдөтүп берет экен дештен ары болуусу керек.

Маскөө баарын абдан жакшы түшүнүп, көрүп турат. Түштүктөгү кагылышта кырылган атуулдар, Жогорку Кеңеш жаңы курамындагы улам кайта болуп аткан тетири басуучулук, (мен ачыктан ачык улутчулдук көз карашта сүйлөгөн депуттар тобун айтып атамын). Андай көрүнүштөр Маскөөгө жага койбойт. Кыргыз жетекчилиги менен болгон сүйлөшүүлөрдө Маскөө жаңы бийликке келген өкмөт өз жумуриятында улутчулдук тамыр жайып бараткан жагдайды кандайдыр бир жол менен ооздуктоону талап кылышы - турулуу иш.

“Азаттык”: Азыркы тушта Бишкек тышкы карыздар ичинен Орусия алдында 493 миллион долларга чукул төлөмөрдүгү бар. Алака оңолгонго байланыштуу Маскөө ушул карызын кечип койсо болбос беле?

Ажар Куртов: Карызды кечүү маселеси азыр эрте. Кантсе да Курманбек Бакиев өкмөтү тушунда пайда болгон тажрыйба колдонулат. Ал тажрыйбы боюнча карыз акча абдан узак убакка дейре улам узартылып олтурулат. Эскерте кетейин, Бакиев Маскөөгө келип жүргөндө карыздын бир бөлүгү узак жылдарга - отуз жылдан ашуун убакта төгүлүп бүтсүн деген бүтүмгө жетишилген. Отуз жыл деген абдан узак убак. Мынча жыл ичинде кайсы бир мамлекеттер тыйпыл болушат. Чындыгында бул карыздар кийинки муун мойнуна жүктөлөт. Маскөө качандыр бир келечекте андан толук кечет экен деш кыйын...

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG