Катарда Азия футбол конфедерациясынын 24-конгресси ишин жыйынтыктады. Мында жетекчилерди кайра шайлоо өттү. Вице-президенттикке кыргызстандык талапкер жетиштүү добуш алган жок.
Пакистанда коалициядагы экинчи эң ири партия оппозицияга кеткен соң премьер-министр Юсуф Гилани жаңы өкмөт түзө албай чайналууда.
Футболдон Шериктештик кубогу 15-январда Санкт-Петербургда башталат. Быйыл Кыргызстандын намысын Кочкор-Атанын “Нефтчи” командасы коргомокчу.
Кытай менен Борбор Азиянын беш мамлекети арасындагы соода-экономикалык байланыш ылдам өсүп баратат.
Орусияда быйыл 37 адам скинхеддердин колунан өлгөн. Алардын дээрлик жарымы - борбор азиялыктар. Москвадагы “Сова” борборунун отчетуна кайрылабыз.
Кыргызстан-Орусия алакасынын кандай жолго түшө турганы жөнүндө маскөөлүк саясий талдоочулар кеп салышат.
Өзбекстандан келчү табигый газдын келерки жыл үчүн баасы алиге дейре бычыла элек.
Өзбекстан “Хьюман Райтс Уочтун” өкүлүн каттоодон кайрадан баш тартты. Ушуну менен аталган уюмдун үчүнчү өкүлү Өзбекстанда каттала албай олтурат.
Казакстанда президент Нурсултан Назарбаевдин бийликтеги мөөнөтүн он жылга узартуу боюнча демилгелүү топту өлкөнүн борбордук шайлоо комиссиясы каттоодон өткөрдү. Жакынкы күндөрдө кол топтоо өнөктүгү башталат. Оппозициянын мүчөлөрү референдум алдыдагы көктөмдө болушу мүмкүн деп болжолдошот.
“Айкөл Эл” партиясынын төрагасы Эдил Байсалов Кыргызстан - Орусия алакасы тууралуу суроолорго жооп берди.
“Азаттыктын” “Арай көз чарай” аттуу тегерек үстөл талкуусунун кезектеги чыгарылышы мигранттардын коопсуздугу, алардын укугун коргоодо кыргыз бийлигинин аракеттерине арналды.
Жалал-Абад облусунун губернатору Бектур Асанов Өзбекстандын Анжиян облусунда иш сапары менен болуп кайтты. Облус губернатору “Азаттыктын” айрым суроолоруна жооп берди.
Дагы жүктөңүз