Линктер

дүйшөмбү, 22-июль, 2019 Бишкек убактысы 19:53

Борбор Азия

ICG: Борбор Азиянын инфраструктурасы коркунучта

Пол Куин Жаж

Эл аралык кризис тобу “Борбор Азия мамлекеттеринин инфраструктурасы кыйроо коркунучу алдында турат” деп билдирди. Ушул аптанын бейшембисинде жарыялаган докладында кризистердин алдын алуу уюмунун аналитиктери “аймактагы өкмөттөрдү эртерээк көзүн ачып, бирге кызматташууга” чакырды.

Баяндамадагы негизги ой – Борбор Азиянын инфраструктурасы толугу менен кыйрап баратат. Докладдын авторлорунун бири, аталган уюмдун Борбор Азия боюнча директору Пол Куин Жаж "Азаттыкка" анын себептерин эмнеден көрүп жатканын айтып берди.

"Бөлүнгөн акчаны жеп коюшту..."

"Негизи, “инфраструктура” деген түшүнүктү биз эки мааниде карадык, - дейт ал. - Биринчиден, жолдор, электр энергиясы, мектеп, ооруканалар, ири ГЭСтер, иши кылып, маанилүү бир топ ишканалар дээрлик 40-50 жыл мурда курулган. Андан бери дурус ремонт да көргөн эмес. Аларды оңдоого, жаңылоого бөлүнгөн акчанын көпчүлүк бөлүгү коррупциялык жолдор менен уурдалып кеткен. Бийликтерди бул жерде баштан аяк ырбаган коррупция - инфраструктурадагы кризиске эң эле башкы себеп. Инфраструктуранын экинчи түшүнүгү катары адам ресурсун айтып жатабыз. Советтер союзу учурунда мыкты билим алган догдурлар, инженерлер, мугалимдер, айтор, жогорку билимдүү адистердин мууну жоголуп, алардын оордун билими начар, адистиги, тажрыйбасы жок адамдар ээлеп жатышат".

Баяндамада билим берүү тармагындагы интеллектуалдык ресурс да түгөнүп баратканына тынчсыздануу айтылды
Пол Куин Жаждын айтымында, эгер ыкчам аракеттер көрүлбөсө, алдыдагы 5-10 жылда балдарды окута турган мугалимдер да болбойт, оорулууларды карай турган догдурлар да жоголот. Мынчалык пессимисттик божомолго эмне негиз берди?

"5 жыл өтө эле пессимисттик көрүнүшү мүмкүн, бирок оптимисттик болуп калышы да ажеп эмес. Бул жерде биз айтайын деген башкы ой – региондогу өкмөттөр, өзгөчө, Кыргызстан менен Тажикстандын өкмөттөрү, кризисти тез арада чечүүгө аракет кылбаса, кесепети өтө оор болот дегибиз келет", - дейт аналитик.

Чынында, социалдык проблема канчалык оорлогонун 20 жылдан бери алгачкы ирет былтыр жыл этегинен Кыргызстанда мугалимдердин нааразылыгы күчөгөнүнөн деле билсе болот. Алардын артынан догдурлар да ушундай эле талабын өкмөткө билдиришкен.

Тобокел саясат

Бул баяндамада региондогу электр энергиясындагы проблемалар жөнүндө да, маселен, Кыргызстан менен Тажикстанда, кышкысын электр жарыгы өчүрүлүп жатканы да, айтылыптыр. Ал боюнча аналитик эки өкмөттүн тең аракеттери азыр мыкты менеджментке эмес, "көрө жатарбыз, буюрганын көрөбүз да” деген эле принципке негизделген дейт.

Анын ишениминде, региондо негизги суу ресурсуна, гидро электро байлыкка ээ бул өлкөлөрдүн электр энергиясын өндүрүү объектилери фундаменталдык, толук жаңылоого муктаж. Бирок мамлекеттер өз алдынча энергетикадагы проблемаларды чече албасы айкын экенин буга чейин бир топ энергетиктер белгилешкен. Буга, бир чети, каражаттын жоктугу себеп болсо, дагы четинен, региондогу өлкөлөр Бирдиктүү Электр Түйүнүнө туташ, бири-биринен көз каранды. Андай экен, аймактагы беш мамлекет биригип иштешсе эмне үчүн болбосу?

"Эгерде Борбор Азиянын өкмөттөрү бирге иштешүүгө кудурети жетпесе, азыркыдан да начар кырдаалга туш болушат. Биз бул аймактагы айрым лидерлер бири-бири менен көп жылдардан бери жакшы тил табыша албай келатышканын билебиз. Тилекке каршы, андан региондун эли, жарандар зыян тартып жатышат. Региондогу өлкөлөр бирге иштегенге азыр мажбур. Андан башка жол жок. Бул азырынча реалдуу эмес, идеалдуу нерседей көрүнөт. Бирок регионду балээден сактап калчу жол жалгыз ушул болушу мүмкүн", - деди Эл аралык кризис тобунун Борбор Азия боюнча директору Пол Куин Жаж.

Кыргызстан кайра Казакстанга ыктады

Кыргыз Республикасынын премьер-министри А.Атамбаев жана Казак Республикасынын премьер-министри К.Масимов, 4-февраль, 2011-жыл, Астана

Премьер-министр Алмазбек Атамбаев баштаган өкмөттүк делегация Казакстанда жүрөт. Табигый байлыктарга бай кошуна өлкө менен экономикалык ымаланы өрчүтүү өкмөттүн башкы максаты болуп турат.

Былтыркы бийлик алмашуудан кийин Орусия, Түркия менен экономикалык алакаларды өнүктүрүүгө аракет кылган Кыргызстан бул жолу Казакстанды мелжеди. Премьер-министр Алмазбек Атамбаев, биринчи вице-премьер-министр Өмүрбек Бабанов баштаган өкмөт мүчөлөрү Астанага барып, мунайга, табигый байлыктарга бай өлкөнүн жетекчилиги, бизнесмендери менен жолугушууларды өткөрүп жүрүшөт.

Казакстан болсо Кыргызстандагы ири инвесторлордун катарына кирери белгилүү. 2009-жылдын жыйынтыгы боюнча 360 миллион долларлык инвестициясы менен Казакстан ири инвестордун биринчи сабына чыккан.

Казакстан 2010-жылдын 7-апрелинен кийин 1,5 айга чукул чек арасын жаап койгон.
Бийлик башындагыларын былтыр экинчи ирет өлкөдөн кууп чыгып, парламенттик башкарууга өтүп, авторитардык өлкөлөр арасында жаман жосун баштаган Кыргыз мамлекетин ырасмий Астана жактырган эмес. 2010-жылдын 7-апрелинен кийин 1,5 айга чукул чек арасын жаап салып, ансыз да кыйын абалда турган Кыргызстан ого бетер мүңкүрөй түшкөн. Казакстан президенти Нурсултан Назарбаев саясатты таштай туруп, оболу экономиканы өстүрүү керектигин айтып чыккан. Казакстандын ири мамлекеттик маалымат каражаттары Кыргызстандагы өзгөрүштөрдү начар өрнөк катары чагылдырып, мындай өзгөрүштөр өлкөнү сазга батырарын байма-бай айтып турушкан.

Албетте А.Атамбаев баштаган делегация Казакстандагы бийлик системасын, 20 жылдан бери бийликти колдон чыгарбай, эми дагы да өлкөнү башкара берүүгө умтулуп калган 70 жаштагы Н.Назарбаевдин позициясын билип турат. Андыктан ырасмий жолугушуулар маалында демократия сабактары, саясат тууралуу алгылыктуу баарлашуулар болушу күмөн. Кыргыз тарап да башкы максат – экономикалык алакаларды өнүктүрүү экендигин айтууда.

Борбор Азиядагы эркин рынок институтунун экономикалык эксперти Баходир Раджапов “Азаттыкка” билдиргендей, көбүнэсе саясий чечимдер эки өлкөнүн экономикалык карым-катнашынын өсүшүнө жолтоо болуп келет. Маселен, Казакстан менен Орусия түзгөн Бажы союзу ошондой тоскоолдуктардын бири.

Бажы биримдиги тууралуу карикатура.
Эксперттин айтымында, Кыргызстан мүчө болгон Дүйнөлүк соода уюмунун эрежелеринин 43 пайызы Бажы союзу койгон эрежелерге карама-каршы келет. Андыктан Кыргызстан бул уюмга кирүүдөн баш тартып, маселени башкача жолдор менен чечүүгө аракет кылуусу зарыл. Анын жолдорунун бири, мурдагы эреже боюнча соода алакаларын жүргүзүү болуп саналат. Андыктан Кыргызстан үчүн Бажы союзунун эрежелери эмес, мурдатан иштеп келген эркин соода алакалары ыңгайлуу:

- Бажы союзу өзү экономикалык жактан алганда пайдасы жок уюм. Бул көбүнчө саясий уюм, саясий чечим. Бул уюм эч бир мамлекетке, Орусияга, Казакстанга, Беларуска деле бир дагы пайда алып келген жок. Орусияда азыр айыл-чарба тармагы төмөндөп атат. Айыл-чарбасында иштегендер өздөрү айтып атышат, “ушу Бажы союзуна киргенден бери айыл чарба түшүп кетти” деп. Анткени Казакстанда айыл чарба продукцияларынын баасы арзаныраак да.

Ошентсе да бир катар өкмөт мүчөлөрү Бажы союзуна кошулуу демилгесин колдой турушканын, Дүйнөлүк соода уюмунун, ошол эле маалда Бажы союзунун мүчөсү болуу мүмкүн экенин айтып келатышат. Андыктан эки тараптуу сүйлөшүүлөрдө бул маселе да каралышы ыктымал.

“НСК Кыргызстан” камсыздандыруу компаниясынын генералдык директору Сейит Каныметов "Азаттыкка" курган маегинде эки өлкөдө тең саясатчылар бизнеске аралашып кеткендиктен, өнүгүүгө тоскоолдуктар болуп келет. Андыктан Кыргызстан бизнес үчүн либералдуу шарттарды түзүп берсе, казак бизнеси саясатчыларын карап отурбай эле келмек:

Сейит Каныметов
- Саясат деген бизнестен өзүнчө болушу керек. Саясаттын жумушу ошол. Ал эми бизде саясатчынын өз бизнеси бар. Албетте ал “өзүмдүн гана бизнесим өнүксүн” деп, инвесторлордун кирүүсүнө ар кандай тоскоолдуктарды кылат. Алар атаандаштыктан коркот. Негизи эле Кыргызстандын рыногуна кирели, иштейли дегендер көп.

Бизде бийликтин формасы алмашты, Казакстанда диктат, бизде парламенттик система. Бизде демократия көбүрөөк. Анан алардын саясатчыларынын, өлкө башчыларынын кызыкчылыгы бар. “Кыргыздар бизнес кылбаш керек. Булар бизнес кылбаса начарлайт, жаман жагын көрсөтөт. Анан биз буларга колубуз менен көрсөтүп, “мына, парламенттик республика эмнеге алып келди? Булар кедей. Эч нерсе жок, кыйкырык, ызы-чуу” деп айтабыз деген ойлору бар. Ошентсе да айтып атам го, келебиз, иштейбиз дегендер көп. Мен көп казак бизнесмендери менен сүйлөшүп турам. Эгер биз бул жактан шарт түзүп бере турган болсок, инвесторлер келет, кадимкидей эле иштейт...


Жогорудагы адистер баса белгилешкендей, эң оболу казак бизнесмендери тоолуу Кыргыз мамлекетинин айыл чарбасына, тоо-кен тармагына жана каржы рыногуна кызыгышат. Андыктан өлкө жетекчилиги экономиканы болушунча лилбералдаштырып, саясатчылардын бизнеске кийлигишүүсүн токтоткон учурда казак инвесторлору эле эмес Европа өлкөлөрү, Жапония, Корея, Түркия баштаган бизнестин киттери агып келерин күтсө болот.

Ал арада премьер-министр А.Атамбаев Астанада казак премьери Карим Масимов менен жолугушуп, соода-экономикалык алакаларды бекемдөө маселелерин талкуулашты. Эки тарап энергетика, газ жана мунай, айыл-чарба, миграция жаатында кызматташуу керектигин белгилешти. Андан соң премьер-министр А.Атамбаев баштаган делегация Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев менен жолугушту.

Казак президенти өлкөсүндө мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо жарыялап, аны 3-апрелге белгиледи. Президенттин көзүн караган казак парламенти ага алгачкы президент катары каалаганча президенттикке талапкер болуу укугун берген. 20 жылдан бери Казакстанды башкарып келаткан 70 жаштагы Н.Назарбаев быйыл да шайлана турган болсо дагы жети жыл бийликте калат.

Египетте эл толкуса, Алматыда Мубарак ысмы өчөт

Мысырдын борбору Каирдин Тахрир (Эркиндик) аянтында чогулган калайык президент Мубарактын кызматтан кетишин талап кылууда. 2011-жылдын 3-февралы.

Дүйнө бүгүн Египеттеги кырдаалга кунт коюп байкоо салууда. Серепчилер Түндүк Африкадагы элдик толкундоолордун шарпасы Борбор Азия менен Азербайжандагы автократтык режимдерге кандай таасир этет деп боолгошууда.

Анткени мурдагы советтик мусулман өлкөлөрүнүн лидерлери көп жагынан Жакынкы Чыгыштын деспоттук режимдерин өрнөк тутат.

Каир толкуса, Бакы чайпалды
Мамед Эмин Расулзадени эскерүү учурундагы Илхам Алиевди бийликтен кетүүгө чакырган плакат. Баку. 31-январь, 2011-жыл

Оболу Тунисте башталып, кийин Египетти жана Йеменди тербеткен анти-өкмөттүк толкундоолорго Азербайжан, Казакстан жана Өзбекстандын бийлиги жана эли этият көз салууда.

Анткени бул өлкөлөрдө бийлик алмашпоо, жемсөөлүк, саясый эркиндиктерди чектөө, калктын жакырлыгы Египет же Тунистен айрымаланбаганына бир муун күбө болууда.

Сөз болуп жаткан үч экс-советтик журттун калкы козголбогону менен бийликтин тынчсыздануусуна себеп бар.

Азербайжан оппозициясы 31-январда Бакыда Мемед Амин Расулзаденин 127 жылдыгын белгилегени чогулду.

Расулзаде 1920-жылга чейин эки жылдай өкүм сүргөн Азербайжан Демократтык Республикасынын негиздөөчүлөрүнүн бири.

Бул мусулман дүйнөсүндө парламенттик башкарууну куруунун туңгуч саамалыгы болгон.

Азери оппозициясы жыйынга чогулган мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, мураскер президент Илхам Алиевди кызматтан кетүүгө чакырды.

Египет президенти Хосни Мубарактын Азербайжандын Хирдалан шаарындагы эстелиги.
Азербайжан Элдик майдан партиясынын ана башы Али Каримли Тунис, Египет жана Йемендеги элдик толкундоолор "түбөлүктүүдөй" деп саналган президенттердин колундагы бийлиги утурумдук экенин көрсөтүп, элдин көзүн ачты дейт:

- Илхам Алиев арап диктаторлору менен кездешкенде өзүн кандай ыңгайлуу сезгенин бардык азерилер көрүшкөн. Алиев алар менен жакшы байланыш түзгөн жана ал өлкөлөрдү Азербайжанга үлгү иретинде көрчү. Бул өлкөлөрдү өрнөк катары туткандар азыр алардан көңүлү калса керек. Алардагы жагдайды көрүп, дүйнөдөгү демократияны куруу эми тездейт, диктаторлорго эч бир өлкөдө орун жок деп ким болсо да бүтүм чыгара алат.

Айтмакчы, азери оппозициясы азыр 2007-жылы Хырдалан шаарында Мубаракка тургузулган эстеликти алып салууну талап кылышууда.

Президент Назарбаев. 2003-жыл
Университеттин "Нур-Мубарак" ысымы өчкөнү калды

Алматыда болсо Хосни Мубарактын ысмын Казак-Египет университетинен алып салууну өлкөнүн мусулмандары талап кылууда.

Президент Назарбаев күтүүсүздөн эле бийлик мөөнөтүн 2020-жылга чейин узартуу боюнча жалпы элдик референдум өткөрүүдөн баш тартып, кезексиз шайлоо өткөргөнгө бел байлады.

Назарбаевдин ынактары Египеттеги окуялар Казакстанда кайталанбайт, себеби элдин турмуш деңгээли алда канча жогору деп жатышат.

Бирок Алматыдагы Евразия саясый изилдөөлөр борборунун директору Рустем Лебековдун байкашынча, Жакынкы Чыгыштагы жагдай карапайым элге таасир этпегени менен, бийликтегилерди ташпүшкө салды.

- Биздин эл жалпысынан саясаттан алыс. Алар саясатка, өзгөчө, чет өлкөлөрдөгү саясий окуяларга кызыкпайт. Жакынкы Чыгыштагы жараяндар негизинен жергиликтүү элитага таасир этти. Бийликтегилер коркууда. Себеби алар абалды салыштырып көрүүдө.

Президент Ислам Каримов. 30-август 2010
Өзбекстанда өкмөттүк маалымат булактары Египеттеги саясый абал жөнүндө кеңири чагылтпай жалпылап гана берүүдө.

Анан да ал жакта кулатылган өкмөттүн ордуна “Мусулман Агайиндер” сыяктуу тыйуу салынган радикалдуу исламчылар келет деп эскертүүдө.


Өзбекстанда Египет темасы "тамчылап" берилүүдө

Өзбекстан ислам кыймылына окшогон согушчул ислам уюмдары менен элди коркутуу, өздөрүн бейкутчулуктун кепилдиги деп даңазалоо - Борбор Азиянын авторитардык режимдеринде кеңири жайылган илдет.

Бул ыкманы Ислам Каримов жана башкалар жемсөөлүккө жана жардылыкка нааразы болгон элдин көңүлүн алагды кылуу үчүн колдонот, дейт АКШлык профессор Ерик МакГлинчи.

Анын сөзүнчө, 72 жаштагы Каримов менен 70 жаштагы Назарбаев үчүн Египеттеги саясый тирешүүлөр же радикалдуу исламдан да коркунучтуу нерсе - алардын жашы.

Анткени алар карылыкка каршы эч нерсе кыла алышпайт.

Гамал Мубарак (солдо) жана анын атасы Хосни Мубарак (оңдо). Декабрь, 2008
“Учурдагы окуялар менен бир мезгилде болуп жаткан дагы бир нерсе бар: Назарбаев, айрыкча, Каримовдун жашы улгайууда! Алар барган сайын картайууда. Алар эртең өлбөшү мүмкүн. Бирок алар картайган сайын бийликти өткөрүп берет деп күткөндөр көбөйөт. Бул мурда кездешпеген жагдайды жаратат”, - деди профессор МакГлинчи.

Бул тушта Египет жетекчилиги Хосни Мубарактын уулу Гамал да президенттик шайлоо аркылуу атасынын ордун мурастап калуу ниети жок экенин билдирди.

Ошондой эле мурдагы ички иштер министри Хабил ал-Адлинин, дагы эки экс-министрдин жана башкаруучу партиянын даражалуу мүчөсүнүн банктардагы акчасы камакка алынды.

Бул төртөөнө өлкөдөн чыгып кетүүгө тыйуу салынды. Алардын анти-өкмөттүк демонстрацияларды басуудагы бейчеки иштери тергелмекчи.

Премьер-министр Ахмед Шафик 3-февралда демонстранттарга кол салууларды бийлик уюштурбаганын айтып актануу менен ал дүрбөлөңдүү тирешүүнүн орун алганы үчүн оппозициядан кечирим сурады.

Имам Рашод Камалов райондук сотто акталып бошотулду: маек

Имам Рашод Кары Камалов. Кара-Суу жамы мечити. 2010-жылдын 23-июлу.

Оштогу Кара-Суу шаарынын имамы Рашод Камаловго карата козголгон кылмыш иши боюнча соттук териштирүү 3-февралда Свердлов райондук сотунда жыйынтыкталды. Натыйжада ал толугу менен акталып, сот залынан бошотулду.

Камалов мырзаны быйыл 18-январда Бишкек шаарынын Свердлов райондук милиция кызматкерлери “Манас” эл аралык аба майданында кармап, Кылмыш кодексинин 166-беренесине ылайык “көз бойомочулук кылган” деп шектелип жатканын билдирген. Шаардык милиция тараткан билдирүүгө ылайык, Камалов өзбекстандык эки жарандан Сауд Арапстанга виза ачып берем деп ар биринен 6300 доллардан алган деген доого кабылган. Рашод Камалов мындай айыптар негизсиз экенин сот жарайаны тастыктаганын 3-февралда “Азаттыкка” курган маегинде билдирди.

Сот коюлган айыпты четке какты

Рашод Камалов
: Билесизби, "көз бойомочулук" кылган деген бул жалган болуп чыкты. Менде андай иштер болгон эмес.

Тергөө маалында менин жумушум боюнча, мечиттеги иштерим боюнча көбүрөөк суроо болду.

Бирок мына кечээ сот болуп, ал жерде мага коюлган айыптар тастыкталбаганы үчүн мен акыры бошотулдум.

“Азаттык”: Сизди ажылык учурунда Өзбекстандын эки жаранына “виза ачып берем” деп 6300 доллардан алган деп айыпташкан эле. Сиз ажылык иштерине аралашкан белеңиз?

Рашод Камалов: Жок, андай иш болгон эмес. Бул атайын бир диний аалымдардын кадырын кетирүү максатында бир доо арыздар атайлап жасалган, уюшулган окшойт.

Бирок, Кудайга тобо, мына мени урматтап-сыйлаган эл-журт бар экен. Үй-бүлөмдөн ар дайым сурап тынчсызданып, мына бошонгондо кубанып тосуп алышты.

Бул атайын бир уюшулган иш экен, кудайга шүгүр, азыр баары артта калды.

“Азаттык”: Демек, соттук териштирүүдө толук акталып чыктыңыз. Бул тууралуу өз оозуңуздан уксак...

Рашод Камалов: Ооба, бүгүн Бишкектеги Свердлов райондук сотунда ишим каралып, күндүзгү саат 11-12 ортосунда “мени күнөөсү жок, акталды” деген бүтүм чыгарып, койо берип коюшту.

Имамдын абактагы акыбалы кандай болду?

“Азаттык”: Сиз камакта болгондо сизге кандай мамиле кылышты?

Рашод Камалов: Эми мен муну айтпасам деле бүткүл дүйнө коомчулугу бизде түрмөгө түшкөн адамдарга тартип коргоо орган кызматкерлери кандай мамиле кылаарын ансыз да билет.

Ошондуктан менин өзүмө кандай мамиле жасалганын айтпай эле койоюн. Анткени мен мечиттин имамы катары бир ишке ашыра турган бир пландарым, ниеттерим бар. Өзүм жашаган жердеги адамдарга, жаш балдарга исламды үйрөтүп, динди туура кабылдоого окутушум керек.

Ошол ишиме тоскоолдук болбош үчүн башымдан өткөндөрүмдү айтпай эле койсом жакшы деп ойлойм.

Ош менен Жалал-Абаддагы өз ара элдешүү жараянына молдолордун катышы

“Азаттык”:
Оштогу, Жалал-Абаддагы былтыркы июндагы окуялардан кийин кыргыздар менен өзбектерди ынтымакка чакырууда диниятчылардын ролу өзгөчө болуп жатат дешет. Сиз өзүңүз мечиттин имамы катары элдерди ынтымакка чакырууда кандай иштерди жасап жатасыз?

Рашод Камалов: Биз буга чейин да мамлекет башчыларына, жетекчилерге айтып келатабыз. Түштүктө ортосун ушундай коогалуу окуялар аралаган эки элди ынтымакка, биримдикке чакырууда, элдештирүүдө бир гана исламдын сөзү өтөт деп. Сунуш кылып да келатабыз.

Бирок азыркы бийликтегилер кандайдыр бир кыянат иш болсо, ушуну мусулмандар кылды деп күнөөлөп, аларга каршы күрөшкө бир грант, чет элдик акчаларды алуу максатын коюп алгандай.

Мен жакында Жалал-Абадга, Ошко Курман айттын алдында даваатка барып келдим, кыргыз-өзбектердин арасында болуп келдим. Кудаага шүгүр, мусулмандар ичинде бир-бирине жамандык тилеген ой жок.

Бирок бийлик “мунун артында экстремисттер, имам-молдолор, террористтер жасап жатышат” деп, мунун айынан чоң грант алганга аракет кылып жатканы көрүнүп турат.

Түштүктө мусулмандардын арасында террорчулар барбы?

“Азаттык”: Түштүктө ислам динин жамынган экстремисттик маанайдагы топтор бар экени айтылууда. Аларга каршы сиздер, диниятчылар, кандай аракет көрүп жатасыздар?

Рашод Камалов: "Террорчу" деп жалпы элге карасанатайлык кылып, жаман иштерди жасагандарды атайт. Менин аларга карата жеке оюм – буларды уюштурулган аракет деп билем.

Теракттар Пакистандабы, Америкадабы, айтор, кайерде болбосун, өкмөттөн бир нерсени талап кылгандардын аракети деп ойлойм. Кыргызстанда бийликтен эмнени талап кыла аласың?

Мен азырга чейин Кыргызстанда кайсыл бир террорчулар бийликтен конкреттүү нерсени тилеп, же “мусулмандарга каршы мындай аракеттерди жасап атасыңар, ошон үчүн теракт жасап жатабыз” дегенин уга элекмин.

Ошон үчүн Кыргызстанда террорчулар бар дегенге мен ишенбейм.

Былтыркы коогалаңга имамдардын болжолдуу тийешеси

“Азаттык”:
Түштүктөгү коогалаңда айрым мечиттердин имамдары да аралашып кеткени айтылып жүрөт. Ал имамдарга карата пикириңиз кандай?

Рашод Камалов: Мен буга кошулбайм. Мечиттин имамы андай ишке барбайт. Бирок мен тигил же бул адам аны кылган эмес, ал жакшы адам деп толук ишеним менен айта албайм – ар бир адамдын ичинде эмне бар экенин бир Кудай билет.

Албетте мусулмандардын ичинде жакшысы да, жаманы да бар. Бирок чыныгы мусулман адам, ислам дининде жүргөн адам бирөөнүн канын төккөнгө катышпайт.

Ошол эле учурда башка бирөөгө кордук жасалып жатканын көргөн мусулман ага жардам бербесе, Кудай алдыда өзү жардамсыз калат. Куранды билген, ыйман келтирген чыныгы мусулман өзбекпи, кыргызбы, тууганыбы, чоочун кишиби анын каны төгүлүшүнө чакырбайт.

“Азан чакырылыптыр” деп уктум. Мен аларды террорчулар, же адамды өлтүргөнгө чакыргандар деп атабайм. Мен аларды уктап жаткан элди ойготуп, “үйлөр өрттөнүп жатат, коркунуч бар” деген максатта азан чакырган жакшы адамдар деп ойлойм.

Имамдык ишмердүүлүк

“Азаттык”: Эми сиз мындан ары эмне иш менен алек болосуз?

Рашод Камалов: Мен (Кара-Суу шаарындагы) борбордук мечиттин башкы имамы катары негизги ишимди - элге Кудайдын динин, ислам динин жайылтууда бар аракеттеримди уланта берем.

“Азаттык”: Кара-Сууда кыргыздар менен өзбектер ортосундагы мамиле азыр кандай жана кооптондура турган кандай жагдайлар бар?

Рашод Камалов: Кудайга шүгүр, Кара-Сууда өзбекпи-кыргызбы бирдей жакшы жашап келатабыз. Бири-бирибизге кыз беришип, кыз алышып, ынтымакта жашап жатабыз.

Бирок, тилекке каршы, Ошто (былтыр) андай окуялар болду. Анын жарасы адамдардын жүрөгүндө баары бир калат.

Ал адамдардын жүрөгүнө азыр дары керек, эки улуттун ортосундагы дартты айыктырууда азыр исламдан башка дабааны көрбөй турам.

Жакындары шейит болгондорго, там-жайы өрттөнүп кеткендерге кыямат кайымда Алла өзү кам көрөт, мээримин төгөт деген ойду жеткириш керек.

Карапайым эл менен көп сүйлөшөм.

Кыргызыбы, өзбегиби – баары эле "бул окуя, тилекке каршы, саясий күчтөрдүн таасири астында болуп кетти. Эми мындай окуя башка болбойт" деген ойду айтышат.

“Азаттык”: Маегиңиз үчүн ыракмат.

Тажикстан Кытайга жер берет

Тажик президенти Эмомали Рахмон Бейжинге сапары учурунда, 15-январь, 2007

Тажикстанда кытайлыктарга пахта эгип, күрүч айдаганга өкмөт жерди ижарага бере турган болду. Өздөрү жерге жетпей жүргөн айрым тажикстандыктар буга көңүлү иренжип турат, “кытайлыктар биздин жерди басып алат экен” деп чочулагандар да жок эмес. Жакында Казакстанда да өкмөт Кытайдын жарандарына ижарага жер бере турган болуп, кийин андан баш тарткан болчу.

Быйыл (2011-жылы) Тажикстандын түштүгүндөгү пахта талааларына, шалыпаяларына кытайлык дыйкандар иштегени келишет. Кытайлыктар келбей жатып, азыртан эле жергиликтүү элде нааразылык күчөдү.

Өткөн аптада тажик өкмөтү 2000 гектардай жерди Кытайдын Уйгур автономиясына ижарага берүү тууралуу чечим чыгарган. Карапайым тажиктер буга жини келип турушат.

Чынында, элдин кыжыры бир апта мурда эле келе баштаган. Анда тажик парламентинин төмөнкү палатасы Кытай менен көп жылдардан бери чечилбей келген чекараны аныктоо маселеси тууралуу чечим чыгарып, 1100 чарчы километр жерди такыр эле Кытайга өткөрүп бермей болгон.

Тажик өкмөтү чек-аранын делимитациясына чекит койгонун, кытайлар башта андан да көп жер талап кылышканын, бирок тажик дипломатиясынын мыкты аракети менен аз эле жер берилгенин айтып, муну “жеңиш” катары көрсөткөнгө аракет кылды.

"Жакшылыкка алып келбейт"

Тажиктердин көбүнөн азыр душанбелик Бахтиердукундай ойлорду укканга болот.

"Эмне үчүн алар Кытайга жер беришти? Тажиктерге мунун эмне кереги бар? Бийликтер өзүнүн элине жер бербей жатышпайбы. Эл оор шарттарда жашайт. Алар биздин жакыр элге биринчи жер бериши керек эле", - деди Бахтиер.

Өкмөт болсо өзүнүн чечимин колдош үчүн Кытайга эч ким деле жашабаган, эч кандай минералдык же башка байлыктары жок тоолуу аймак берилгенин билдирди. Азырынча парламенттин чечимине президент Эмомали Рахмон кол кое элек.

Бирок карапайым эл “өкмөт жерди ой келди бергени кандай?” деп муну түшүнбөй турат.

"Бул эч жакшылыкка алып келбейт. Азыр тажиктердин өздөрүнө да жер жетпей жатат. Душанбенин өзүндө эле, анын айланасында канчалаган адам жерге жетпей жүргөнүн билесизби? Өкмөт аларга көңүл бурбай койбошу керек", - деди атын атагысы келбеген жигит.

Чекарада делимитация боюнча маселеден сырткары, өкмөт кытайларга дыйканчылык үчүн жерди ижарага да бере турган болду.

Эми түштүктөгү Хатлон вилоятындагы Кумсангир, Бохтар райондоруна 1500 кытай дыйканы келе турган болуп жатат. Буга да эл зээни кейип турган чагы.

Ижарага берилчү жер жөнүндө тажик өкмөтү көп сүйлөбөгөнү да ушундан болсо керек. Азыр өлкөдө жумушсуздук - кеңири жайылган көрүнүш. Жумуриятта ишке жарамдуу жүз миңдеген жарандар Орусияга иш издеп кетишкен. Айрымдары көп жылдардан бери Орусияда жашап жатышат, ал жактан такыр кайтпай калгандар да бар.

Өлкөнүн айыл-чарба министрлигинин расмий өкүлү Тиломурод Данияров кытайлыктар тоолуу аймактарда жергиликтүү элге сугаттын жаңы методдорун, дыйканчылыктагы технологияларды үйрөтүүгө убада кылышканын айтты.

Тажикстандын жалпы аймагынын 93% тоолордон турат. Калган 7% баары эле иштеткенге, айдоого ыңгайлуу эмес. Өңдүрүлгөн пахта менен күрүчтүн көпчүлүгү экспорттолот.

Борбор Азиядагы бул мамлекеттин экономикасы үчүн маанилүү делген көп деле товар жок экенин эске алып, “кирешелүү делген продуктыларды өндүрүү укугун чет-элдиктерге берип коет экен” деген коркунуч элди өзгөчө бушайман кылууда. Жергиликтүү калктын ичинде “кытайлар ушинтип акырындап башка жактарга элин иштегени жиберип, жерлерин ээлеп алышат” деген коркунуч күч.

Байыган статистика

Соңку жылдары Кытай тажик экономикасына 4 млрд.доллардай инвестиция жасады. Анткен менен биргелешкен көпчүлүк долбоорлорду иштетүү үчүн өзүнүн адистерин Кытайдан жиберген. Бул дегени Тажикстандагы жумушсуздуктун деңгээлин кыскартууга эч кандай пайда берген жок.

Өлкөнүн миграция кызматы билдиргендей, Тажикстанда 2007-жылы 30 миңдей кытай катталган. Алардын басымдуу бөлүгү жол курулуштарында, электр подстанцияларында, көмүр кендеринде, базарларда иштейт. Көпчүлүгү долбоор боюнча иши аяктаганда Кытайга кайра кайтышпайт. 2010-жылдын этегинде тажик жериндеги кытайлардын саны 82 миңге чыкканы аныкталды.

Азыр эми тажик бийликтери жаңы келчү кытайлык дыйкандардын саны 1500 ашпайт дешти.

Буга чейин Казакстан да кытайлык дыйкандарга жерди ижарага бере турган болуп, кийин эл ага нааразы болгондо, бул ойдон баш тартып койгон эле.

Каирде Мубаракты колдогондор менен каршылар кагылышты

Каирдин Тахрир аянтындагы кагылыш, 2-феврал, 2011-ж.

Шаршембиде Каирдин Тахрир аянтында кырдаал оорлошту. Мубаракты колдогондор атчан, төөчөн аянтка кирип, нааразылыкка чыккандар менен кагылышты.

Массалык кагылышта 1 адам өлүп, алты жүздөн ашуун киши жарадар болгонун Египеттин саламаттык сактоо министрлиги билдирди.

Окуяга күбө болгондордун айтуусунда, Мубарактын миңдеген жактоочулары атчан, төөчөн тейден борбордук аянтка келип, эки тарап тирешип турган.

Андан көп узабай эле Мубаракты колдогон калың топ 10 күндөй аянтта тургандарга таш жаадырып, таяктар менен койгулап, аянттан сүрүп чыгууга аракеттенгенде кагылышуу башталган.

Тахрир аянтындагы кагылышта жүздөгөн киши жарадар болду, 2-феврал, 2011-ж.
Окуяны чагылдырып жаткан сыналгы каналдары аянттагы балдарын көтөргөн аялдар кагылышта кайда барып баш калкалоону билбей жакын көчөлөргө чуркаганын көрсөттү.

Мубарактын ондогон колдоочулары Тахрир аянтына атчан, төөчөн желдирип кирип, колдорун кармашкан нааразылык акциянын катышуучуларын камчылап киришкен. Каршы тургандар болсо атчандарды аттан оодара тартып түшүрүп, таяктап жатышты.

Кагылышуу маалында Тахрир аянтында жүргөн чехиялык журналист Милан Сима «Тахрир аянтында кагылышуу болду. Жүздөгөн кишилер жарадар болгонун көрдүк. Адамдар бири бирин таш менен койгулап, таяктап жатышты. Армия ошол эле жерде турганы менен кагышып жаткандарды ажыраткан жок. Армия аларды токтотуп, тартипке келтире алмак. Каирде абал коркунучтуу болуп баратат», деп телефон аркылуу билдирди.

"Мубаракчыларды" ким колдойт?

Ал арада Мубарактын жактоочуларынын арасында жүргөн кабарчылар полиция кийимчен адамдар жүк тарткан машинени айдап алып, мубаракчыларды колдоп кыйкырып жүргөнүн маалымдашат.

Аянтта турган армия кагылышып жаткан топторду ажыратуунун чарасын көрбөстөн аларга жөн гана көз салып турду.

Армия кагышкандарды токтоткон жок, 2-феврал, 2011-ж.
Ага чейин армия аянттагы элди үй-жайына барууга чакырган. Мамлекеттик сыналгыда Мубарактын жактоочулары дагы көчөгө чыккандыгы айтылып, карапайым калк бири-бири менен кагылышып кетиши мүмкүн экендиги эскертилген.

1 саатка чукул кагылышуудан кийин шаардын борбордук көчөлөрүндөгү танкалар эки жакты бири-бирине жакындатпай бир нече саат бөлүп турду. Ага карабастан кагылышуу кайра башталганы кабарланды.

Улуттар Уюмунун баш катчысы Бан КиМун Лондон шаарында туруп «тынчтык жол менен өтүп жаткан митинг-жыйынга чабуул коюу чектен чыккан иш», десе, британ премьер министри Дэвид Кемэрон «эгер Мубарактын режими зордук-зомбулукту каржылап же колдоп жатса - бул эч келишпей турган нерсе», деп билдирди.

"Артка жол жок!"

Мамлекет башчы Хосни Мубарак күзгө чейин президенттик кызматта туруп, өлкөдө коопсуздукту камсыз кылып, бийликти тынч жол менен өткөрүп берүүнү камсыздай тургандыгын жарыялады.

Каирдин Тахрир аянтындагы нааразылык акциясынын катышуучулары Мубарактын президенттиктен сентябрга чейин кетпейм деген сөзүнө кыжырланып, ал кетмейинче турарын айтышууда.

Шейшембинин түнүндө мамлекеттик сыналгыда сүйлөгөндө Мубарак күзгө чейин президенттик орунда калып өлкөдө коопсуздукту камсыз кылып, бийликти тынч жол менен өткөрүп бере тургандыгын жарыялады.

Президент Мубарак: кийинки шайлоого барбайм. 1-феврал, 2011-ж.
"Менин негизги милдетим – учурда Египетке жана египеттиктердин коопсуздугу менен туруктуулугун, бийликти тынч жол менен өткөрүүнү камсыз кыла турган бейкут атмосфераны камсыз кылып, кийинки шайлоодо эл кимди тандаса ошол кишиге бийликти калтыруу. Мен муну чын дилимден, учурдагы окуяларга байланыштырбай айтып жатам. Кийинки президенттик мөөнөткө баруу ниетим жок. Мен өмүрүмдүн көбүн Египетке жана египеттиктерге кызмат кылууга арнадым, эми улуттун урматына өз мөөнөтүмдү аяктоону чечтим», деген президент Мубарак ал өлкөнүн башында турганда Египет жетишкен ийгиликтерге сыймыктана алаарын дагы айтты.

Х.Мубарак Египет парламентине бир катар өзгөрүүлөрдү жүргүзүү, Баш мыйзамды карап чыгып, анда президенттин максималдуу мөөнөтүн так көрсөтүү тапшырылгандыгын дагы айтты. Учурдагы Египеттин конституциясында президенттин мөөнөтүн чектөө шарты жок.

Ошондой эле Мубарак президенттиктен кеткенден кийин дагы Египеттен эч жакка кетпей тургандыгын айтып «Египет менин мекеним. Мен бул жерде жашап, бул өлкөнүн эгемендигин, анын кызыкчылыктарын коргоп, ал үчүн күрөштүм жана бул жерде акыркы сапарга кетем» деп билдирди.
Хосни Мубарактын бул билдирүүсү коомчулукта ар кыл пикирлерди жаратууда. Аны колдогондор президент улут атасы катары өтө акылдуу кадам жасады деп кубатташса, бир нече күндөн бери көчөгө нааразылык жыйындарына чыгып, анын кетишин талап кылып жаткандар өз ойлорунан кайтпай, Хосни Мубарактын бийликтен дароо кетишин талап кылууда.

Борбордук Азиядагы жаңырык

Казак президенти Нурсултан Назарбаев мөөнөтүнөн эрте президенттик шайлоо өткөрүү ниетин 31-январда жарыялады:

Казак президенти Нурсултан Назарбаев шайлоого камынат, 2010-ж.
"Өмүрдүн өзү сунуп отурган демократиянын тарыхый сабагы деп кабылдап, демократиялык жол менен шайланган тунгуч президент иретинде, элибиздин бийик мүдөөлөрүн колдоп, мен мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо өткөрүүнү сунуш этем"


Мунун алдында Конституциялык кеңеш Назарбаевдин бийлигин узартуу референдумун четке каккан эле.

Казак парламенти ушул айдын башында президент Назарбаевдин дагы он жыл бийликте калышын референдумга коюну колдоп чыккан. Президент бул сунушту Конституциялык кеңештин кароосуна жиберген. Кеңештин төрагасы Игор Рогов Назарбаев кеңештин соңку чечимин бир айдын ичинде кайра карап чыгууну талап кыла алаарын 31-январда билдирди. Өткөн жума күнкү жалпы улутка кайрылуусунда Назарбаев келерки президенттик шайлоого талапкерлигин койо тургандыгын билдирген.

Айрым серепчилер Казакстандын мамлекет башчысы Египеттеги окуяларга карата өз мамилесин дал ушундайча билдирди дешүүдө.

Эрдоганды Кыргызстандын жаңы "жүзү" кызыктырат

Түркия премьер-министри Режеп Тайып Эрдоган.

Түркиянын өкмөт башчысы Режеп Тайып Эрдоган 1-февралда кечкурун Бишкекке расмий сапар менен келет.

Тышкы иштер министрлигинен алынган маалыматка караганда, 2-февралда Эрдоган мырза менен президент Роза Отунбаева, өкмөт башчы Алмазбек
Атамбаев жана парламент төрагасы Ахматбек Келдибеков менен жолугушуп, сүйлөшүүлөрдү өткөрүүсү белгиленген.

Ошол эле күнү түрк өкмөт башчысы кыргыз парламентинин алдында да сүйлөйт.

Кыргыз-түрк сүйлөшүүлөрүнүн соңунда эки тараптын бириккен билдирүүсү кабыл алынмакчы.

Түрк өкмөт башчысы Кыргызстанда гана сапарда болорун Тышкы иштер министрлигинин адиси Асангул Бакыт маалымдады:

- Түрк өкмөт башчысы региондогу башка өлкөлөргө барбайт. Биздин өлкөгө гана атайын келатат.

Түрк өкмөт башчысынын сапарынын алдында Бишкектеги “Хаят” мейманканасында кыргыз-түрк ишкерлеринин форуму башталды. Бизнес форумдун экинчи күнүндө, 2-февралда ага эки өлкөнүн өкмөт башчылары катышуусу күтүлүүдө.

Кыргызстан менен Түркиянын соодасынын көлөмү өтө чоң деп айтуу кыйын.

Өткөн жылдын тогуз айында эки өлкөнүн ортосундагы жалпы сооданын көлөмү 107 млн. долларга жетип, анын ичинен Кыргызстандын экспорту 30 млн. долларга жакын, Түркиядан келген товарлардын көлөмү 77 млн. долларга жеткен. 2008-жылы эки өлкөнүн соодасынын көлөмү 136 млн. доллар болгон.

Түрк премьери эски-жаңы кесиптештерине келатат

Түркия Кыргызстандын эң ири инвесторлорунун бири. Экономикалык тескөө министрлигинин маалыматы боюнча, Кыргызстанда кыргыз-түрк биргелешкен 250 ишканасы бар.

Кыргыз тарап түрк инвесторлорун кайра иштетүү, тоо кен, энергетика тармагына чакырууда.

Жаңы эле парламенттик система иштеп, өкмөт түзүлдү. Мына ушундай мезгилде премьер-министр баш болуп... чет элдик делегациянын келип атышын сөзсүз түрдө биздин өлкөгө болгон колдоо иретинде кабыл алышыбыз керек.
Ч.Турсунбеков.


Жогорку Кеңештин депутаты Чыныбай Турсунбеков Режеп Тайып Эрдогандын сапарын Кыргызстанды моралдык жактан колдоо катары кабыл алыш керектигин белгилейт:

- Биринчиден, моралдык колдоо катары кабыл алыш керек. Инвестиция жагынан жардамга жасала турган кадам катары кабылдасак да болот. Жаңы эле парламенттик республикага айландык. Жаңы эле парламенттик система иштеп, өкмөт түзүлдү. Мына ушундай мезгилде премьер-министр баш болуп, 200дөн ашуун ишкерлер менен чет элдик делегациянын келип атышын сөзсүз түрдө биздин өлкөгө болгон колдоо, жардам иретинде кабыл алышыбыз керек.

Кыргызстан менен Түркия мамилеси 1991-жылы Кыргызстан эгемендүүлүгүн жарыялагандан кийин дароо жолго коюлган.

Анкара Бишкектин эгемендүүлүгүн биринчи болуп таанып, 1992-жылдын башында элчилигин ачкан.

Бирок ошол кезде түрк өкмөтү тарабынан берилген 75 млн. доллар насыя жана “Ак кеме” мейманканасынын айланасындагы талаш-тартыштар эки өлкөнүн мамилесин бир топко көлөкө түшүрүп келген.

Азыркы мезгилде ал чатактар жайгарылып, жогорку деңгээлдеги сапарлар көбүрөөк жасалууда.

Түрк президенти Абдулла Гүл 2009-жылы май айында Бишкекте болуп, ал сапар Кыргызстандын АКШнын "Манастагы" базасын чыгаруу аракетине туура келген. Абдулла Гүлдүн кандай таасири болгону белгисиз, бирок сапардан кийин ал кездеги президент Курманбек Бакиев базаны калтырууну чечкен.

Азыркы бийлик башындагылар ичинен өкмөт башчы Алмазбек Атамбаевдин түрк жетекчилиги менен жакын мамилеси бар экендиги белгилүү. Убактылуу өкмөттүн биринчи вице-премьер-министри катары Атамбаев өткөн жылы июнь айында Түркияда жумуш сапар менен болгон.

Кыргызстан менен Түркия экономикалык байланышты, айрыкча сооданы көбөйтүү боюнча көп сөздөр айтып келет.

Соода көлөмүн 500 млн. доллардан ашыруу жөнүндө сөздөр болгон. Бирок ал чек багынбай келатат.

Эки өлкө билим берүү багытында ургаалдуу кызматташып келатат.

Түркиянын ондогон лицейлери, Кыргыз-Түрк "Манас" университети, менчик “Ала-Тоо” университети Бишкекте иштеп жатат.

Сааданбеков: Египет толкуну Астананы алдастатты

Жумагул Сааданбеков, коомдук ишмер, Кыргызстандын Казакстандагы мурдагы элчиси.

Казак президенти Нурсултан Назарбаев бийлик мөөнөтүн референдум аркылуу узартпастан, эртелей шайлоого бараарын жарыялады. Казакстанда референдум идеясы эмне үчүн көтөрүлгөн жана андан кайра эмне үчүн баш тартышты?

Кыргызстандын Казакстандагы мурдагы элчиси Жумагул Сааданбеков “Азаттык” менен ой бөлүштү.

Жумагул Сааданбеков: Биздеги апрель окуяларынан кийин биздин кошуналар абдан чочуп калды. Олжас Сулайманов телевидениеден сүйлөдү, гезитке чыгарды дегеле Назарбаев шайлоого барса деле, барбаса деле өтөт деп. Эгер Назарбаевдин бийлиги жок болсо, Казакстан биздин Кыргызстандан да жаман акыбалга келет деген ойдо да булар. Себеби буларда да нааразычылык, таарынычтар өтө көп топтолду.

20 жылдан бери бийликте турду, андан майкөл, сүткөл болуп Казакстан жыргап кеткен жери жок. Булар акыркы дүйнөлүк экономикалык кризистен кийин абдан кыйналып калды. Ага чейин булар ипотека деп карызга унаа, үй алып алышкан. Эми ошол миллиарддаган акчалар азыр элдин мойнунда. Чоң таарынычтар, өкүнүчтөр бар, ошонун казаны боркулдап кайнап турат.

Эгерде Назарбаев кетсе, бүт баарынын шору кайнаарын билип атат, төбөлдөр, айрыкча саясий элита, бюрократия. Ошон үчүн Назарбаевдин калган-каткан авторитетин пайдаланып, бийликте дагы 20 жылга чейин калып калсак деген идеянын тегерегинде болгон иш. Референдум идеясын көтөрүшүп, ана-мына болду.

Азыркы араб дүйнөсүндөгү чатактарды көрүп атпайсыңарбы, Назарбаев референдум, конституциялык сот деген оюндардын баарын билип турат. Бирок айрыкча Египеттеги, араб дүйнөсүндө болгон толкундоолордон кийин бул киши шашып калды. Бүгүнкү чечим ошол, андан көрө тезирээк эки жыл уттурсам да кайра шайланып алайын, ал эми референдум, башкасы Конституцияга каршы да. Хиллари Клинтон бул туура эмес болот деди. Ошонун баарын эске алды да, бул киши шайлоого чыкты. Баары бир шайлоону утат.

"Азаттык": Демек, ички да, сырткы да факторлор таасир берген турбайбы?

Жумагул Сааданбеков: Ооба, айрыкча тышкы факторлор. Тышкы факторлордун көч башында биздеги болгон окуялар туруп атат. Ушул абдан жүрөгүн түшүрүп койду. Назарбаевдин гана эмес, бюрократияны башкаруучулардын, олигархтардын. Буларда байлар көп. Булардын баары эртең Назарбаев жок болсо шору кайнай турган катмар. Ошон үчүн бул кишинин бийликте турушу булар үчүн жакшы, кандай да болсо алып калыш керек.

"Азаттык": Мөөнөтсүз шайлоо өтөт. Казак оппозициясынан да, албетте, талапкерлер чыгышы мүмкүн. Бирок өзүңүз да болжолдоп атасыз, шайлоо баары бир Назарбаевдин жеңиши менен аяктайт деп. Жекшемби күнү кыргыз-казак президенттеринин кезектеги жолугушуусу болду, Кыргызстан үчүн Казакстанда бийлик алмашканы пайдалуубу, же алмашпай эле турганыбы?

Жумагул Сааданбеков: Пайда, зыян жагын эсепке алсак, албетте Назарбаевдин турганы жакшы. Назарбаевди казактар баары бир тургузат , шайлоодо бул киши утуп чыгаарына мен жүз пайыз ишенем. Назарбаев чынында бизге жакын уруулардан да, Улуу жүз деп коёт, Чапырашты, Узунагаштан чыккан бала, жашы боюнча менин теңтушум, биздин кыргызды жакшы билет. Кечээ эле билдирбедиби, бизге кыргыздан жакын эл жок деп. «Кыргызстан, Казакстан деп айтылат, бирок казака кыргыздан жакын эл жок», - деп айтты. Чын эле ошондой жери бар, аракеттери да бар. Мен жети жыл ал жакта иштедим, билем бул кишинин позициясын, бизге болгон мамилесин. Назарбаевдин турганы жаман эмес.

"Азаттык": Казакстан менен Кыргызстандын ортосунда экономикалык долбоорлор болгон, болушу керек. Эми алар Назарбаев кайра шайлангандан кийин алга жылат го, кандай дейсиз?

Жумагул Сааданбеков: Казакстандан бир тыйын да уталбайбыз. Акча маселеси боюнча булар абдан уста болуп алышты. Бизге бере турган инвестициялык фонд жана башкалар эсептелген. Анткен менен баары бир биз үчүн пайдалуу, бекер эч нерсе жок да. Бирок чек араны жаап, товарларды өткөрбөй койгону чатак болду, жайлата абдан чоң зыян келтирип койду бизге. Ушундай адаттарын ташташ керек. Бул туура эмес, бир тууган деп коюп, анан экономикадагы протекция деген өзү абдан чатак нерсе. Майда-чүйдөгө алаксып, Кыргызстан чоң эле республика да, бир ай муунтуп коюшту, таарына турган, өкүнө турган маселе ушул. Ал эми кредит, инвестиция дегенди мамлекеттердин баары эле берип атпайбы, бекер берип аткан жок да.

Казакстан эрте шайлоого кам урууда

Нурсултан Назарбаев ант берүүдө, Астана. 1999-жылдын 20-январы.

Казакстанда президенттик шайлоо мөөнөтүнөн мурда өтө турган болду. Президент Нурсултан Назарбаев кечээ ушундай сунуш менен чыкты.

Назарбаев кечээ (31-январда) мына ушундай сунуш менен чыгып жатып, бийлигин референдум менен узартууга барбай турганын жарыялады.

Президенттин оппоненттери болсо мунун баарын саясий оюн катары сыпатташууда.

"Бириктирүүчү формула"

Казакстанда референдум демилгесин көтөргөндөр тээ совет доорунун акыркы жылдарынан бери жумурияттагы бийлик тизгинин башкага бербеген президент Нурсултан Назарбаевдин бийлик мөөнөтүн түз шайлоосуз эле 2020-жылга чейин узартууну көздөшкөн.

Демилгени казак парламенти да кош колдоп жактап, референдумга жол ачуу үчүн Конституцияга өзгөртүү киргизүү боюнча атайы мыйзам кабыл алууга жетишкен.

Өлкөнүн Конституциялык кеңеши мына ошол мыйзамды Баш мыйзамдын талаптарына ылайык келбейт деи тапты.

Казак президенти болсо дүйшөмбү күнү (31-январда) Астанада Ак Ордодон жасаган кайрылуусунда, референдумга барбоону чечкенин “демократиялык жол менен шайланган туңгуч президент катары калктын эң жогорку мүдөөсүн жетекчиликке алуу” деп түшүндүрдү:

- Бизге ажырым сала турган референдум же шайлоонун ортосунан мен элибиздин демократиялык принциптерге берилүү жөнүндөгү эркин эске алган жана бизди бириктирүүчү формуланы - азыркы бийлик укугумду эки жылга кыскартканына карабай - мөөнөтсүз шайлоо өткөрүүнү сунуш кылам. Тийиштүү мыйзам долбоорун парламентке киргизем.

Парламент демекчи, казак президентинин жогорудагы жарыясынан кийин ушул шаршемби күнү казак парламентинин кош палатасынын биргелешкен жыйыны өтөрү айтылды. Анда кезексиз шайлоонун мөөнөтү белгиленип калышы мүмкүн. Казакстандын буга чейинки акыркы президенттик шайлоосу 2005-жылы болгон жана мыйзам боюнча эми 2012-жылы өтүүсү керек эле. Бирок эми ортодон адегенде анча белгисиз аймактык университет демилгечи болгон референдум сунушу шайлоо мөөнөтүн өзгөрттү.

“Саясий оюн”

1991-жылкы көз карандысыздыктан бери Казакстандын бир дагы парламенттик же президенттик шайлоосу эл аралык байкоочулар тарабынан эркин же адилет деп таанылган эмес.

Президенттин оппоненттери Назарбаевдин соңку жарыясын да саясий оюн катары мүнөздөшүүдө.

Мурдараак алдыдагы президенттик шайлоого катышарын жарыялаган эки саясатчынын бири Жасарал Куанышалин мындай дейт:


Жасарал Куанышалин
- Мунун баары Назарбаевдин сценарийи боюнча өтүп жаткан оюн. Негизинен Назарбаевдин бир да шайлоосу өз убагында өткөн жок деп айтууга болот. Алдын ала өздөрү ушул сценарийдин негизинде баарын даярдап койгон.
Шайлоону өткөрүшөт. Бүткүл административдик ресурсту пайдаланышат. Кол бала шайлоо комиссияларынын баары азыр сакадай болуп даяр туру.

Казакстанда президенттик шайлоого катышарын күн мурунтан жарыялагандардын дагы бири, катталбаган “Алга” партиясынын лидери Владимир Козлов президент четке каккан референдум жана сунуш кылган мөөнөтсүз шайлоонун формасы бөлөк болгону менен маңызында айрыма жок деп эсептейт.

Анын пикиринде, казак президенти эрте шайлоого 2012-жылкы шайлоонун жыйынтыгынан күмөн санагандан улам барууда:

Владимир Козлов


- Албетте азыр жарыяланган мөөнөтсүз шайлоо талапкерлерге бул шайлоого даярданууга мүмкүндүк бербейт.

Оюн иш жүзүндө бир дарбазаны көздөй болот.



Тышкы факторлор

Айрым аналитиктер Казакстанда президент Нурсултан Назарбаевге тең келүүчү саясий атаандаш жоктугун, оппозиция чаржайыт жана алсыз экендигин айтышат.

Саясий изилдөөлөр боюнча Алматыдагы Евразия борборунун директору Рустем Лебеков казак президентинин чечимине кандайдыр бир деңгээлде Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүндөгү соңку нааразылык акциялар менен демонстрациялар таасир берди деген пикирде.

Алматылык дагы бир саясат таануучу Айдос Сарым болсо казак президентинин чечимине таасир берген тышкы факторлор катары АКШ баштаган Батыш өлкөлөрүнүн сунуш кылынган референдумга карата терс реакциясын, Орусиядагы президенттик шайлоонун да 2012-жылга белгиленип турушун атайт:

Айдос Сарым
- Жакында Мамлекеттик катчыбыз Европаны жана АКШны аралап келди.
Алардын пикири айкын экендигине көзү жеткенден кийин ушундай кадамга барып жаткан сыяктуу.
Менин түшүнүгүмдө, бул кадамдын дурус жери - Казакстан өзүнүн шайлоосун Орусиянын күн тартибине, бул өлкөнүн ички кырдаалына байлабай бөлөк өткөрүүсү.
Казакстан өз маселесин Путин менен Медведевдин тартышына чейин толук чечип алганы бир жагынан пайдалуу болчудай.

Казакстандын өзүндө референдумга демилгечи болгондор аны өтүшү үчүн беш миллиондон ашуун кишинин, же өлкөдөгү шайлоочулардын жарымынан көбүнүн колун жыйнадык деп ырастаганы менен жүздөгөн адамдар интернеттеги шеринелерде (форумдарда) Назарбаевди адилет жана ачык шайлоо өткөрүүгө да чакырышкан.

АКШ Мамлекеттик катчысы Хиллари Клинтон өткөн аптада Казакстандын тышкы иштер министри жана мамлекеттик катчысы Канат Саудабаев менен Вашингтондогу жолугушуу учурунда референдум демократиядан артка чегинүү болорун белгилеп, Казакстан демократия жана адам укуктары жаатындагы эл аралык милдеттемелерин аткарарына ишеним билдирген.

Назарбаев референдум аркылуу бийлик узартуудан баш тартты

Казак президенти Нурсултан Назарбаев.

Казак президенти Нурсултан Назарбаев бийлигин референдум аркылуу узартуудан баш тартканын жарыялап, мунун ордуна “калкты бириктирүү үчүн” мөөнөтсүз шайлоо өткөрүүнү сунуштады.

Казак президентинин чечимине кайсыл жагдайлар түрткү болду? Кабарчыбыз Улан Алымкул уулу Казакстандын оппозициядагы “Азат” жалпы улуттук социал-демократиялык партиясынын башкатчысы Амиржан Косановго кайрылды.

Амиржан Косанов: Референдумдан баш тартуу Ак Ордо үчүн оор чечим болду

Амиржан Косанов:
Мунун бир нече себеби бар. Биринчиден, референдумдун өзү биздин азыркы Конституциянын жоболоруна карама-каршы келет. Казакстандын ар бир жаранынын шайлоого жана шайланууга укугу бар деген эрежесине карама-каршы. Он жыл бою Казакстандын жарандары президент болуп шайлануу укугунан жана президентти шайлоо укугунан айрылмак. Референдумдун Конституцияга ылайыксыздыгы жөнүндө Казакстан оппозициясы мындан бир ай мурун ушул демилге көтөрүлгөндө эле айткан.
Амиржан Косанов

Экинчиден, бул референдумдун болбой калышынын себеби араб дүйнөсүнүн айрым өлкөлөрүндөгү окуялардын таасири. Маселен Египетте Хосни Мубарак баштаган режим канчалык узак өмүр сүрсө да, ошончолук алсыз болуп чыкты. Армиясы турат, аскерий күчтөрү өз калкына каршы чыкпай жатат, полициялар качып кеткен. Ошондуктан, мен ойлойм, референдумдун өзү Казакстанда нааразылык чыгышына, оппозициячыл ниеттин тутанышына катализатор болуусу мүмкүн эле. Андыктан ушул жүйөө да негизги себептердин бири болду.

Үчүнчү себеп болсо, президент мырзанын кезексиз президенттик шайлоого барам деген сөзүндө жатат. Ушунун өзү азыр эл ичиндеги жайгдай тынч болуп турган кезде формалдуу шайлоо аркылуу өтүп алуу аракети деп билем.

“Азаттык”: Референдум идеясына АКШ ачык каршылыгын билдирди, бирок Казакстандын жакынкы өнөктөшү болгон Орусия да сунуш кылынган референдумду колдогондой түр көргөзгөн жок. Айрым эксперттер ушул өңдөнгөн сырткы факторлор да президент Назарбаевдин чечимине таасир бериши мүмкүн деп жатышат?

Амиржан Косанов: Серепчилер ар кандай пикирди айта бериши мүмкүн. Бирок кандай болгондо да чет элден терс реакция келип жатты. Европа Биримдиги, АКШ, ЕККУ жана башка калк аралык демократиялык институттар референдум механизмине каршы болушту. Ошондуктан менимче, бул Ак Ордо үчүн өтө кыйынга тургане чечим болуп атат. Аларда чогултулду деген 5 миллион колду көрсөтпөстөн туруп эле, өткөрө салуу ниети болду. Бирок мен жогоруда айткан факторлор ушуга Казакстандагы бийликти өз чечимин чукул өзгөртүүгө мажбурлап олтурат.

“Азаттык”: Президент Назарбаев өз билдирүүсүндө кезексиз шайлоо өтүүчү мөнөөттү айткан жок. Сиз качан деп болжолдойсуз, жакынкы айларда эле өтөбү?

Амиржан Косанов: Менимче, тез эле болчудай. Мунун эки себеби бар. Биринчиси, Конституция боюнча шайлоону бизде парламент жарыялайт. Биздин парламент жүз пайыз “Нур Отан” партиясынан тургандыктан, алар шайлоо маселесине ушул шаршембидеги пленардык жыйынында эле кайрылуусу мүмкүн. Анткени 11-февраль күнгө “Нур Отан” партиясынын курултайы белгиленген. Ошондуктан шаршемби күнү мажилис шайлону жарыяласа, 11-февраль күнү “Нур Отан” партиясы Назарбаевди талапкер кылып сунуштайт.

Экинчи маселе, биздин Казакстанда оппозициялык күчтөргө, алардын бирдиктүү талапкер чыгаруусуна тоскоол жасап, шайлоо өнөктүгүнө толук кандуу даярдык көрүүсүнө жол бербөө үчүн шайлоону мөөнөтүнөн мурда өткөрүү тажрыйбасы бар. Ошондуктан бул көпкө созулбайт деп ойлойм.

“Азаттык”: Кандай болгон күндө да шайлоо президент Назарбаедин жеңиши менен аяктаса керек. Оппозиция шайлоого катышабы?

Амиржан Косанов: Менимче, азыр Казакстан оппозициясы, оппозицияда жүргөн саясий партиялар, коомдук уюмдар, жеке ишкерлер үчүн өтө чоң сыноо, чечүүчү учур келүүдө. Биз чырлашпай-ырлашпай, күчүбүздү ар тарапка бөлүп, майдалабастан эң биринчи кезекте шайлоого катышуу же катышпоо жөнүндө чечим кабыл алуубуз абзел.

Анткени азыркы шайлоо комиссияларында оппозициялык партиялардын өкүлдөрү такыр жок. Андыктан биз оппозициянын бириккен уюмдарынын атынан өзүбүздүн орток позициябызды аныктообуз керек.

Эгер шайлоого катыша турган болсок, биз милдеттүү түрдө бир талапкерге токтолушубуз талап кылынат. Кокус бир талапкерге токтоло албасак, тарых алдында, калк алдында маскара болобуз. Күчүбүздү чачып алабыз, муну өзү эртең Нурсултан Назарбаевдин жеңишке жетип жаткан кезде биздин дарегибизге айта турган кошумча бир далили болот.

Ошондуктан азыр бардык саясий күчтөр, саясий партиялар жыйналып, орток макулдашууга жеткен соң өз чечимин жарыялоосу керек.

Кыргызстан менен Египеттеги окуяларда байланыш барбы?

Хосни Мубарактын режимине каршы чыккан демонстранттар, Каир, 30-январь.

Коомдук ишмер Абдыганы Эркебаев Кыргызстандагы окуялар Түндүк Африка өлкөлөрүнө түз болбосо да кыйыр таасир тийгизди деп эсептейт.

"Азаттык": Египеттин башкы шаарларында толкундоолор токтобой, 30 жыл бийликте отурган 82 жаштагы Хосни Мубарактын президенттиктен кетишин талап кылууда. Тунисте да ыңкылаптан кийин бийлик алмашты. Буга чейин мындай көрүнүштөр айрым постсоветтик өлкөлөрдө орун алган. Демократиялык жараяндар ушинтип Африка аймагына да жетти десек болобу?

Абдыганы Эркебаев: Менимче, бул башталышы эле, дагы уланат деген ишенимдемин. Ушундай окуялардын келишине өзүнчө негиздер болду окшойт.

"Азаттык": Кандай негиздер?

Абдыганы Эркебаев: Биринчиден, бийликти өзүнө менчиктеп алгандай болуп ушунчалык көп отургандык. Анан бара-бара өзүнүн баласына, же башка кишиге таштап кетиш, монархия сыяктуу аракеттер жана биздин Кыргызстандагыдай элдин калың катмарынын социалдык-экономикалык абалы, айрыкча жумушсуздуктун өрчүшү болду. Анан сөзсүз түрдө элге карата болгон бийликтин мамилесинин авторитардык, диктатордук мүнөзү таасирин тийгизбей койгон жок.

"Азаттык": Айрым серепчилер Тунис менен Египетте болуп жаткан окуялардын Кыргызстан менен байланышы бар экенин айтышууда. Кандай байланыштар болушу мүмкүн?

Абдыганы Эркебаев: Бул жерде тикелей байланыш бар деп айтканга болбойт. Бирок азыр ааламдашуу шартында кайсыл бир жерде кандай чоң окуя болбосун ал сөзсүз ММКлар аркылуу кетип жатпайбы. Менимче, өткөн жылы Кыргызстанда болгон окуялар дүйнөнүн көп өлкөлөрүнө тараган. Кыйыр түрдө импульс катары таасири сөзсүз болушу мүмкүн. Анткени окуялардын маңызы, жүрүшү, башталашы дагы окшош болуп жатпайбы. Бирок буларда сөзсүз айырмачылыктар бар.

"Азаттык": Кандай айырмачылыктар бар?

Абдыганы Эркебаев: Буларда көрдүңөр, биринде жыйырма беш жыл, биринде отуз жыл отурган бийликтен эл минтип чарчабай да койбойт. Андан тышкары олуттуу эки айырмачылык бар. Биринчиси, Американын мурдагы президенти Буштун убагында эле “Жакынкы Чыгыш” деген чоң доктрина иштелип чыгып, ошол жакты демократиялаштырууга аракет башталган. Экинчиден, окуянын жүрүшүндө ачык көрүнүп турган нерсе - диний фактор, айрыкча исламдын фундаменталдык мүнөздөгү күчтөрү түздөн-түз аралашып жатат. А бизде болсо мындай эки жагдай болгон жок болчу.

"Азаттык": Тунистеги ыңкылаптын эпкини коңшу Египетке да өтүп, демонстранттар бийликтин кетишин талап кылып жатат. Борбор Азия чөлкөмүндө да жыйырма-отуз жылдан бери бийликте отурган режимдер бар. Африкадагы революциянын эпкини Борбор Азия чөлкөмүнө таасир этиши мүмкүнбү?

Абдыганы Эркебаев: Сурооңузду абдан туура түшүнүп турам. Египеттеги окуялардын натыйжасын көрөбүз го. Бирок башта айтып кеткендей сөзсүз анын таасири тийбей койбойт.

"Азаттык": Тунис менен Египетте ислам жол-жоболору бекем орун алганы белгилүү. Бирок ошого карабастан талап-тоноочулук ал жакта да болууда. Буга чейин мындай көрүнүш пост-советтик өлкөлөргө таандык деп айтылып жатты эле. Демек талап-тоноочулук кандай өлкө болбосун коомчулуктун социалдык-экономикалык абалынан көз каранды десе болобу?

Абдыганы Эркебаев: Сөзсүз. Биринчиден элдин оор абалы, жакырчылыгы. Экинчиден саясий маданият, укуктук маданияттын жоктугу. Муну сөзсүз баса белгилешибиз керек. Эч убакта Европада, Батыш өлкөлөрүндө мындай болбойт. Кээде талап тоноочулук Францияда, Испанияда болуп калганын көрүп калабыз, бирок ага дал ошол Африка, чыгыш жактан барган жаштар катышып жатат.

Кыргыз президенти Астанага барды

Нурсултан Назарбаев менен Роза Отунбаева соңку жолу Астанада ЕККУнун саммити учурунда жолугуп сүйлөшүшкөн, 2010-жылдын 1-декабры.

Президент Роза Отунбаева Астанада казак президенти Нурсултан Назарбаев менен социалдык-экономикалык маселелер тууралуу сүйлөшөт.

30-январда Казакстандын ордо калаасына барган кыргыз президенти бул иш сапарынын алкагында Астандагы кышкы Азия оюндарынын ачылыш салтанатына да катышат. Анын алдында президент бул мелдешке катышып жаткан кыргыз спортчулары менен жолугушту.

Кыргыз-казак алакасындагы тоскоолдуктар

Өткөн жылы Кыргызстанда болгон окуялар кошуна эки өлкө ортосундагы мамилелердин ыргагын басаңдатып жиберди. Казакстан Бажы Союзуна киргенден кийин Кыргызстан менен соода-экономикалык мамилесин илгерилетүүгө бир катар тоскоолдуктар пайда болду. Кыргызстанда парламенттик өлкө куруу жолунда жүрүп жаткан саясий процесстерге дагы Астананын көнүлү толбой келатат.

2010-жылы Казакстан ЕККУнун төрагасы катары Кыргызстандагы кыйчалыш кырдаалды жөнгө салуу боюнча дипломатиялык иш-аракеттерди жүргүздү. Кыргызстандын түштүгүндөгү тополоң окуялардан талкаланган үйлөрдү калыбына келтирүүгө Казакстан 10 млн. доллар наркындагы курулуш материалдарын жиберди. Бирок өткөн жылдагы оор сыноолордун учурунда коңшусу жасаган мамилеге Кыргызстандын ичи ооруган дагы учурлар болду.

Кыргыз-казак чек арасы жабык турган учурда. 11-май, 2010-жыл

Апрель окуяларынан кийин Кыргызстан саясий жана экономикалык кыйынчылыктарды баштан өткөрүп жатканда Казакстан чек араны бир нече ай бою жабык кармап турду. Анын айынан Кыргызстандын экономикасы олуттуу зыян тартты. Чек араны ачууну талап кылган нааразылык жыйындары Бишкекте да, Астанада да өткөрүлдү.

Кыргызстандын Убактылуу өкмөтүнүн казак жетекчилери менен жүргүзгөн сүйлөшүүлөрү да көпкө чейин майнаптуу болгон жок. Акырында Кыргызстан коңшусунун талааларына иштеген суу сактагычтарын жаап койгондо Казакстан чек арасын ачууга аргасыз болду. Бирок чек ара ушул күндөрү дагы толук ачык деп айтуу кыйын, дагы эле болсо бир катар чектөөлөр сакталып турат. Ошол эле учурда Кыргызстандагы июнь айындагы чыр-чатактарды жөнгө салууда Казакстан ЕККУнун төрагасынын мандаты менен жүргүзгөн иштери оңчулуктуу болгон жок деп чоң жыйындарда сынга алынды.

Бишкектеги окуялар Астананы сестенттиби?

Казакстанда көп жылдар бою Кыргызстандын элчиси болуп иштеген профессор Тилектеш Ишемкулов Казакстандын өткөн жылы Кыргызстан кыйналып турганда чек арасын жабык кармап турганын өзүнүн үстөмдүк абалын каңкуулап сыр көрсөткөндөгүсү деп билет:

- Бу да болсо сыр көрсөткөндөгүсү да. Ээ кыргыздар, акырын болгула, бизге назар салгыла, бизсиз алдыга кете албайсыңар, жашай албайсыңар, биз улуу өлкөбүз, элибиз да, жерибиз да чоң деп бизге сыр көрсөткөндөгүсү. Экинчиден, буларда чочулоо сезими абдан чоң. Бизде эки сапар жетекчилерибизди кууп жиберип, бийликти өзгөртүп койдук. Мына ушунун жышаанасы тийип кетеби деп туруп, силерге мүмкүнчүлүк бербейбиз, силердин революциялык төңкөрүш аракет-адатыңарды бизге жайылтпайбыз деген белги бергени болуп эсептелет.

Кыргызстан апрель окуяларынан кийин парламенттик өлкөнү куруу максатын жар салган учурдан баштап эле Казакстан бул идеяны колдобой турганын ачык билдирип келатат. Ошол эле учурда Астана Кыргызстанга сыртын салып, байкоочу катары дагы четте туруп калган жок. Кыргызстандагы саясий процесстерди ар кандай формада таасир көрсөтүү аракетин жасап келатат.

Парламенттик шайлоонун алдында “Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевди, “Ата-Журт” партиясынын лидерлери Камчыбек Ташиев менен Акматбек Келдибековду кабыл алып, Кыргызстандын болочок тагдыры жөнүндө ой-пикир алышкан.

Саясат таануучу Табылды Акеровдун баамында, Кыргызстанда өткөн жылы экинчи президент бийликтен кулатылып, өлкөнүн парламенттик республика куруу жолуна түшкөнү Нурсултун Назарбаевдин жеке өзүнө байланыштуу саясый пландарын ишке ашырууга кайсы бир деңгээлде тоскоолдук болду деп эсептейт:

- Казакстанда буга чейин эле президент Нурсултан Назарбаевди түбөлүк президент кылып калтыруу чечими каралып аткан. Бирок бизде революция болуп кеткенден кийин, биздеги саясий процесстер булардын ишине карама-каршы келип калды да, бизге карата салкын мүнөздө болуп калышты.

Мигранттардын муң-зары

Канткен күндө да Кыргызстан Казакстандын оюндагысындай элпек болуп кетпесе дагы баары бир экономикалык кубаттуу коңшусу менен жылуу жумшак мамиледе болуп, тилин табууга аракет кылууда. Кыргызстандын экономикасында Казакстандын рыногун караган бизнес ишкана көп.

Казакстанда жүргөн миңдеген кыргызстандык мигранттардын курчуган маселелери толтура. Былтыр Казакстандан бир далай кыргыз мигранттары куулуп чыгып, Бишкекке ыйлап келишкен.

Астандагы кыргыз жараны Замирбек Базарбаев “Азаттыкка” кайрылып, бул жактагы кыйналган кыргыз мигранттары Роза Отунбаева алардын аянычтуу абалын жеңилдетүү жагын Назарбаев менен жолугушуу учурунда сүйлөшөт деп күтүп жатышканын билдирген эле.

Мындан сырткары Казакстан Өзбекстанга кошулуп, Кыргызстанда курулуп жаткан ГЭСтерди эл аралык экспертизадан өткөрүү маселесин жактап келатканын айта кетүү керек. Бул жагында дагы расмий Бишкектин Астана менен сүйлөшө турган сөзү көп.

Ысык-Көлдүн жээгиндеги Казакстанга караштуу төрт пансионаттын тагдыры дагы эки өлкөнүн алакасы салкындаганда утур-утур чыга калып жаткан маселе. Былтыр чек ара жабык турганда Убактылуу өкмөттүн мүчөсү катары Азимбек Бекназаров төрт пансионатты улутташтыруу жөнүндө сүйлөп чыккан. Астандагы сүйлөшүү учурунда пансионаттардын маселеси дагы кошо каралышы ыктымал.

Президент Роза Отунбаева Казакстанга иш сапарынын алдында "Казинформ" агенттигине берген маегинде Казакстан Кыргызстандын тышкы саясатында артыкчылык берилген өлкө экенин белгилеп, Казакстан Бажы союзуна киргенден кийин эки өлкөнүн соода-экономикалык байланыштарында чечүүнү талап кылган көп маанилүү иштер чыкканын билдирген.

2010-жылы Кыргызстанда болгон окуялар эки өлкөнүн ортосундагы союздаштык мамилелерди бир топ басаңдатып жиберди. Ошондуктан расмий Бишкек президенттер ортосунда жана өкмөттүк деңгээлде байланышты активдештирүүнүн аракет көрүүдө. Ушул жылдын биринчи чейрегинде Бишкекте өкмөт аралык кеңештин экинчи жыйынын өткөрүп, эки өлкөнүн ортосундагы топтолуп калган көптөгөн маселелерди чечүү пландаштырылууда. Казакстан Бажы союзуна мүчө болгон менен Кыргызстанга башкалардан айырмалап өзүнчө мамиле кылат деп расмий Бишкек үмүт кылууда.

Казак президенти Нурсултан Назарбаевдин демилгеси менен Кыргызстанга жардам көрсөтүү боюнча донорлордун конференциясын өткөрүү дагы ушул жылга пландалып жаткан иш чара.

Роза Отунбаева Астанадагы иш сапарынын жүрүшүндө ушул маселелердин айланасында казак президенти менен акылдашып, айрым бир макулдашууларга жетишүүгө аракет кылмакчы.

Парламенттик Кыргызстан кимди уктатпай жатат?

Архивден: нааразылык акциясында талаптардын бири - үй-бүлөлүк башкарууга бөгөт коюу болгон.

"Ата Мекен” партиясынын төрагасынын орун басары Өмүрбек Абдрахманов Кыргызстанда жаңыдан калыптанып келе жаткан парламенттик демократиянын баркын атайылап кетирип, аны муунтуп жок кылуу аракети байкалып жаткандыгын билдирди.

“Ата Мекен” партиясынын төрагасынын орун басары Өмүрбек Абдрахмановдун айтымында, Кыргызстандагы парламенттик башкаруу багытын өзгөртүүгө расмий Москва кызыкдар.

Орусиянын президенти Дмитрий Медведев парламенттик башкаруунун Кыргызстан үчүн туура келбестиги боюнча оюн өткөн жылы бир нече ирээт ачык эле айткан. Бир катар Батыш өлкөлөрүнүн жетекчилери Кыргызстандын парламенттик башкарууга өтүшүн кубаттаган болчу.

Президенттик башкарууну “тирилтүү” аракети

Өмүрбек Абдрахманов расмий Москва учурда “Ар-намыс” сыяктуу кремлчил саясий күчтөрдүн колу менен күчтүү президенттик башкарууну кайрадан калыбына келтирүүгө аракеттенип жаткандыгын белгиледи:

- Кызык жери ошол Ф. Кулов баштаган саясатчылар шайлоого катышып, өтүп келип, ушул Баш мыйзамды ыйык сактайм деп ант бербеди беле. Анан ошол Баш мыйзамда жазылып турат "он жылга чейин эч кандай өзгөртүү киргизүүгө мүмкүн эмес" деп. Мына ошого карабастан сырттагы колдоочулардын жана демөөрчүлөрдүн шыкагы менен Конституцияга өзгөртүү киргизишибиз керек деп чыгып жатат. Принцип деген кайда калды? Анткени “Ар-намыс” партиясынын программасында парламенттик башкарууга өтүү маселеси 2003-жылы эле жазылганы менен бүгүн анын жетекчилери Москвага жагынуудан улам ошол идеяларынан баш тартып отурушат.

Москва, 22-сентябрь, 2010-жыл
27-январда маалымат жыйынында “Ар-намыс” партиясынын жетекчиси Феликс Кулов Кыргызстанда кош палаталуу парламенттик системаны киргизүү жана президенттин бийлик укуктарын кеңейтүү зарылдыгын айтып чыккан.

“Ар-намыс” партиясынын төрагасынын орун басары Эмил Алиев көтөрүлүп жаткан демилгени Кыргызстандын саясий турмушундагы мыйзам ченемдүүлүк катары сыпаттады:

- Биздин партия турмуштук шарт-ыңгайдан улам бардык жагын карап, иликтеп, логикага жана мыйзамга туура келе тургандай маселени сунуштады деп ойлойм. Анткени кош палаталуу парламентте партиялык кызыкчылык гана эмес, аймактык кызыкчылыктар да каралат. Ошону менен бирге президенттин укугу кеңейсе ишти алып барууда конкреттүү адамдын жоопкерчилиги болот.

“Арнамысчылар” Баш мыйзамга өзгөртүү киргизүүнү колдоо үчүн жарандардын колдорун топтоо жолу менен маселени референдумга алып чыгууну көздөшүүдө.

Парламенттик Кыргызстан кимдерге ыңгайсыз?

Талдоочулар мындай аракеттер парламенттик башкаруу калыптана элек шартта орун алган өксүктөрдүн арты менен коомчулуктан колдоо таап кетиш мүмкүндүгүн жокко чыгарышпайт. Ошондуктан КМШдагы авторитардык режимдер үчүн Кыргызстандагы парламенттик башкаруунун ишке ашпай калышы пайдалуу деген пикирлер үстөмдүк кылат.
"Ак Жол" партиясынын курултайы, 1-май, 2009-жыл

Саясат таануучу Аскар Бешимов мында негизги маселе айрым бир ири державалардын геосаясий кызыкчылыктары менен да байланыштуу экендигин белгиледи:

- Орусия тарабынан басым болуп турган шартта, ошолор колдогон саясий күчтөрдү бийликке алып келүү аракети ачык эле байкалбадыбы. Эми президенттик шайлоодо да өз кишисин өткөрүүгө далалат болот. Андан кийин президенттик башкарууну калыбына келтирүүгө жол ачылат. Анткени алар үчүн күчтүү парламент менен сүйлөшкөндөн көрө, президент менен сүйлөшкөн оңой. Ошондуктан ар кандай маселелерин өткөрүү үчүн аларга өтө күчтүү парламенттин кереги жок. Мына ошондуктан парламенттик башкарууну дискредитициялоо аракеттери токтобойт.

“Ар-намыс” партиясынын жетекчиси Феликс Кулов 2007-жылы өкмөт башчылыктан кетип, оппозициялык Бириккен элдик фронтту түзгөн эле. Элдик фронт уюштурган митинг ошол учурдагы бийлик тарабынан кууп таркатылган. Мына ошондон кийин Феликс Кулов Кыргызстанды конфедерация тибинде Орусиянын курамына киргизүү демилгеси менен чыгып, бирок коомчулуктан колдоо таба алган эмес.

Кышкы Азия оюндарына Кыргызстандан 52 спортчу барат

VII Кышкы Азия оюндары 30-январдан 6-февралга чейин Астана жана Алмата шаарларында өтөт. Кыргызстан кышкы Азия оюндарына спорттун беш түрү боюнча катышат.

30-январда Астана жана Алматы шаарларында өтө турган 7-кышкы Азия оюндарына спорттун беш түрү боюнча кыргызстандык 52 спортчу мөрөй талашканы турат.

Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин башчысы Алмазбек Касеновдун айтымында, кыргызстандыктар кышкы Азия оюндарында биатлон, лыжа жарыштары, шайба жана топ хоккейи, спорттук ориентирлөө түрлөрү боюнча мелдешке катышат.

VII Кышкы Азия оюндары Казакстандын борбору Астанада жана Алматы шаарында спорттун 11 түрү боюнча өтөт.

Жеңүүчүлөргө 69 комплект байгелер ыйгарылат. Азия континентинде кышкы спорт анча өнүкпөгөндүктөн мөрөй талашууга 27 өлкөнүн 1150 спортчусу гана катышары болжолдонууда.

Унутулуп бараткан кышкы спорт

Улуттук олимпиада комитетинин президенти Мурат Саралиновдун маалымдаганына караганда, Азия оюндарынын ачылыш салтанаты 30-январда Астанадагы “Астана-Арена” футболдук стадионунда өтөт.

- Оюндардын жабылыш аземи 6-февралда Астанадагы Балбан Шолак атындагы спорт сарайында болмокчу.

Астанада муз үстүндөгү көркөм бий, хоккей, коньки жана шорт-трек жарыштары болот.

Алматыда лыжа жарыштары, тоо-лыжа, биатлон, спорттук орентирлөө мелдештерине күйөрмандар күбө болушат.

Спорт күйөрманы Такин Рысбектегин Кыргызстанда кышкы спортко анча көңүл бурулбаганын айтып, коңшу өлкөлөр ат чабым алдыга кеткенин белгиледи.

- Кыргызстанда кышкы спортко көңүл бурулбай келатканы өкүндүрөт. Нарын, Каракол, Чүйдөгү лыжа спорт базаларында кышкы спорт мелдештерин өткөрүүгө мүмкүнчүлүктөр бар. Бирок демилге колдоого алынбай келатат. Кыргызстандагы табигый шарт болсо да, кардан акча жасаганды, Азиянын ысык өлкөлөрүнүн спортчуларын чакырып бирге машыгууну колго албай келатабыз. Кышкы Азия оюндарына бирин-экин гана спортчулар барып, бул оюндарга каражат бөлүнбөй келатканы кыргыз спорт жетекчилеринин кайдыгерлиги. Бул оюндар элдин намысы жана сыймыгы болууга тийиш эле. Кыргызстандын аймагы 90 пайыз тоодон тургандыктан кышкы спортту өнүктүрүү негизги милдеттердин бири болуш керек.

Адистердин баамында, бул мөрөй талашууларда кыргызстандыктар байгелүү орундарга жетүүсү күмөн. Ошондой болсо да шайба жана топ менен ойнолуучу хоккей мелдештеринде коло байге болушу да ыктымал.

Себеби шайба хоккей мелдештери эки топко бөлүнүп өткөнү турат. Жогорку лигада мыкты командалар ойносо, экинчи лигада өнүгүп келаткан өлкөлөр беттешет. Кыргызстандык хоккейчилер экинчи топто байгеге илинип калуусу мүмкүн. Жергиликтүү оюнчуларга казакстандык айрым чебер хоккейчилер да кошулуп, сүрөөнгө алганы турат. Ошондой эле лыжалык жарыштарда да артта калбай, алдыңкы топко кошулса деген тилек.

Спорт жана бизнес

Кышкы Азия оюндарын өткөрүү шылтоосу менен казактар Астана менен Алматы шаарларындагы спорт жайлар эл аралык деңгээлде кайра жаңыртып алышты. Алар “Медео” муз айдыңы жана Чымбулак тоо-лыжа базасын кайра реконструкциялоого эле 750 млн. доллар каражат чыгымдалган.

Астанадагы кыргыз маданий борборунун жетекчиси Шавкат Исмаиловдун айтымында, кышкы Азия оюндарынын оту 12-январда Кувейт өлкөсүндөгү Азия олимпиадалык кеңешинин штабында жандырылып, Алматыга алып келинди.

- Олимп оту Казакстандын аймагын эстафеталык жүрүш менен 80 адамдан колдон колго өтүп, 30-январда Астананын борбордук аянтына жеткирилет. Ачылыш аземинде “Астана-Арена” футболдук стадионунда салтанаттуу кырдаалда алоолонот. Олимпиада отун чемпион Жакшылык Учкемпиров жандырат. Астанадагы иштеп жана жашап жүргөн кыргызстандыктар да ачылыш салтанатына күбө болобуз. Мындан сырткары кыргызстандыктар катышкан мелдештерге да барып, сүрөөнгө алып туралы деп жатабыз.

Президент Роза Отунбаева Казакстанга 30-январда иш сапары менен барат.
Иш сапардын алкагында өлкө башчысы Астана шаарында өтө турган 7-кышкы Азия оюндарынын расмий ачылыш аземине катышмакчы.

7-кышкы Азия оюндарында кыргызстандыктар шайба хоккейи мелдештерине да өзүнчө команда катары катышмакчы.

Эми топ менен ойночу хоккейчилердин курамын да жумгалдык, нарындык, бишкектик жигиттер түздү. Топ хоккей мелдештери Алматыга жакын жердеги айтылуу "Медео" муз майданында өтөт.

Топ хеккейи мелдештеринде кыргызстандык жигиттер байгелүү оюндарга да илинип калуусу ыктымал. Себеби бул спорт Азия комитетинде анча өнүкпөгөндүктөн мөрөй талашууга төрт өлкөнүн командасы гана катышат.

Кыргызстандык хоккейчилер Ташкенди, же Монголияны утса эле коло байге колдо болуп калат.

Ал эми бул топ хоккейинде өлкөнүн Улуттук олимпиада комитетинин спорт федерацияларынын жетекчиси Т.Калыбаев буларды айтат:

- Казакстан чемпион болоору анык. Себеби бул оюн Казакстандын бардык аймактарында ойнолуп, чеберчилиги да жогору. Биздин жигиттер бир эле команданы утуп алса, анда байгелүү орунга жетет.

1-февралда кыргызстандыктар монголдор менен муз үстүндө мөрөй талашат. 2-февралда оюн ээси Казакстандын командасы менен беттешет. 3-февралда тажикстандык хоккейчилер менен таймашуу болот. 5-февралда жарым финалдык беттешүүлөргө кезек берилет. Баш байге жана коло медаль үчүн таймашуулар 6-февралда болмокчу.

Казакстандын туризм жана спорт министри Темирхан Досмухамбетов кышкы Азия оюндарын өткөрүү үчүн өкмөт 1 миллирад доллар бөлгөнүн маалымдаган.

Оюнду уюштуруучуларынын маалыматы боюнча, ачылыш жана жабылыш салтанаттарын көрүү үчүн билеттердин наркы 50 доллардан 100 долларга чейин болмокчу.

Кышкы Азия оюндарыны тарыхы

1986-жыл, Саппоро

Азия континентинде спорттун кышкы түрлөрүн өнүктүрүү жана спортчулардын чеберчилигин өстүрүү максатында кышкы Азия оюндарын өткөрүүнү Азия олимпиадалык кеңеши 1984-жылы Сеулда өткөн Башкы Жыйынында (Ассамблеясында) кабыл алган.

Биринчи кышкы Азия оюндарын өткөрүү үчүн Жапониянын Саппоро шаары өз талапкерлигин коюп, даяр экендигин билдирген. Себеби 1972-жылы бул шаарда кышкы Олимпиадалык оюндар болуп, спорттук имараттар, жайлар дайын эле. Алар мелдештерди уюштуруу тажрыйбасына да ээ болчу.

Ошентип 1986-жылы Жапониянын Саппоро шаары алгачкы Азия оюндарынын отун жандырып, ага 7 өлкөнүн өкүлдөрү катышкан.

1990-жыл, Саппоро

Экинчи кышкы Азия оюндары 1990-жылы Индияда өтмөк. Бирок экономикалык кыйынчылыктарга байланыштуу алар оюнду өткөрүүдөн баш тарткан. Бул жагдайдан да жапондуктар пайда тапкан.

Кайрадан Саппоро шаарында Экинчи кышкы Азия оюндарынын оту жанып, мында 10 мамлекеттин спортчулары күч сынашкан.

1996-жыл, Харбин

Корея Элдик Демократиялык Республикасы Үчүнчү кышкы Азия оюндарын өткөрөбүз деген убадасына тура албады.

Бул демилгени Кытай Эл Республикасынын Харбин шаары колго алып, 1996-жылы Үчүнчү Азия оюндарын өткөргөн. Мурда Советтер Союзунун курамында жүргөн Борбор Азия өлкөлөрү өз алдынча команда болуп катышууга укук алышкан. Мурдагы оюндарга 7-10 өлкө гана катышса, Харбинде 17 мамлекеттин желеги көрсөтүлдү.

Мөрөй талашууда Кытайдын спортчуларына казакстандыктар атаандаш болоорун далилдей алышкан.

Харбиндеги Үчүнчү кышкы Азия оюндарында кыргыз туусу алгач ирет көтөрүлүп, чакан делегацияны Кыргызстандын Улуттук олимпиада комитетинин президенти Эшим Кутманалиев баштап барган. Кыргызстандык спортчулар Усубалиев, Абдулин, Буйков жана Борисов тоо лыжа мелдештерине катышып, тажрыйба топтоп келишкен.

1999-жылы, Кангвон

1999-жылы Түштүк Кореянын түндүк аймагындагы Кангвон шаарында Төртүнчү кышкы Азия оюндары болуп өткөн.

Кардын аз болгонуна карабай, атаандашуулар курч мүнөздө болгон. Мында кытайлыктар биринчи, кореялыктар экинчи, жапондор үчүнчү орунду ээлешкен. Казакстан өзүнө төртүнчү орунду камсыз кылган.

Төртүнчү кышкы Азия оюндарына Кыргызстандан жалгыз тоо лыжачы Андрей Трелевский барган.

2003-жылы, Аомори

Азия аймагындагы спорт державасынын бири – Жапония 2003-жылы Бешинчи кышкы Азия оюндарынын отун үчүнчү ирет жандырган. Аоморидеги Бешинчи кышкы Азия оюндарына кыргызстандан 7 спортчу барууга даярдык көргөн эле. Алар, тоо лыжасы, биатлон жана трамплин боюнча мелдештерге катышууга ниет кылган.

Тилекке каршы каражат маселеси кендирди кесип, Аомори шаарына жалгыз трамплинден секирүүчү Дмитрий Чвыков барган.

Дмитрий 1996-жылы Харбинде өткөн Үчүнчү кышкы Азия оюндарында Казакстандын командасына 3 алтын медал жеңип берип, кышкы Азия оюндарынын чемпиону аталган.

3 жылдан бери Дмитрий Чвыков Кыргызстандын жарандыгын кабыл алып, Кыргызстандын намысын коргоп жүрөт. Ал Солт-Лейк-Сити олимпиадасына да катышкан.

2007-жылы, Чанчунг

2007-жылы Кытайдын Чанчунг шаарында Алтынчы кышкы Азия оюндары болгон. Кыргызстандан барган тоо лыжачылар ийгилик жарата алышкан эмес.

Киммо Килюнен: Мындай иликтөө постсоветтик аймакта буга чейин болгон эмес

ЕККУ парламенттик ассамблеясынын Борбор Азия боюнча өкүлү Киммо Килюнен (Kimmo Kiljunen) "Азаттык" үналгысынын Бишкек студиясында. 2011-жылдын 27-январы.

Кыргызстандын түштүгүндөгү былтыркы июнь коогасын иликтеген Эл аралык комиссия корутундусун мартта жарыялайт. Бул тууралуу комиссиянын төрагасы, ЕККУнун парламенттик ассамблеясынын Борбор Азия боюнча атайын өкүлү Киммо Килюнен бейшембиде (27-январда) журналисттерге билдирди. Килюнен мырза маалымат жыйынынан кийин "Азаттыкка" маек курду.

“Азаттык”: Сиз жакында жарыяланган Улуттук комиссиянын бул окуялар боюнча отчету менен таанышып чыксаңыз керек. Силердин комиссия анда айтылгандар менен толугу менен макулбу, же айрым бөлүгү сиздердин жыйынтыкка каршы келеби?

Киммо Килюнен: Өткөн жайда Ош менен Жалал-Абадда өтө олуттуу коогалаң орун алды. Ал бүткүл өлкө үчүн чоң трагедияга айланды. Бул окуяларга Кыргызстан гана эмес, жалпы эл аралык коомчулук тарабынан чоң көңүл бурулуп, жергиликтүү жана эл аралык комиссиялар иликтөө ишин баштаган, айрымдары азыр да ишин улантууда.

Сиз айткан улуттук комиссиядан башка Акыйкатчы өз алдынча иликтөө жүргүздү. Бир нече бейөкмөт уюмдар кандуу окуялардын себеп-жөнүн изилдеп жатышат, парламент жакында өз иликтөөсүн баштады.

Биздин комиссия кайсы бир өлкөгө, же тарапка катышы жок. Болгону - иликтөөнүн жыйынтыгын биз кыргыз өкмөтүнө, Улуттар уюмуна, ЕККУга, Европа БИримдигине жана КМШга тапшырабыз.

Биз июнь айында Кыргызстандын түштүгүндө кандай окуялар болгон жана алардын себеп-тамыры эмнеде деген маселени иликтедик.

“Азаттык”: Улуттук комиссия убактылуу өкмөттүн айрым мүчөлөрү июндагы кагылышуу үчүн саясий жоопкерчиликти алышы керек деп алардын жоопкерчилик деңгээлин караштырууну кыргыз президентине сунуштады. Сиз буга макулсузбу?

Киммо Килюнен: Бүгүнкү күндө биз бир нерсени ачык айта алабыз. Бул окуялардын келип чыгышына бир гана нерсе себеп болгон жок. Бул жерде бир нече себептер бар – тарыхый факттар, улуттар аралык мамиленин өнүгүшү, саясий окуялар.

Сиз айтып жаткан жоопкерчиликке келсек, албетте кандуу окуялар үчүн кайсы бир мекемелер жана жеке адамдар да жоопкер.

Биз соңку баяндаманы март айында жарыялайбыз. Ошондо ким кандай жоопкерчилик алышы керектиги да айтылат.

“Азаттык”: Буга чейин Кыргызстанда бул окуяларга бирден бир күнөөкөр адамдар деп Кадыржан Батыров, Иномжан Абдрасулов жана башкалардын ысымдары аталды. Алар өлкөдөн сыртка чыгып кеткени кабарланган. Сиздердин комиссия бул адамдар менен байланышып, алардын айтчу сөзүн, жообун уга алдыңарбы?

Киммо Килюнен: Мен бүгүн (27-январда) маалымат жыйынында айткандай, биз кайгылуу окуя болгон аймактарда изилдөө ишин аяктадык. Ал жакта 700дөй кишини сурамжылап, бир топ маалымат топтодук. Булардын жарымы кыргыз, жарымы өзбек болсун деп тең салмактадык. Алар – окуядан жабыр тарткандар, же болбосо кагылышууну өз көзү менен көргөн күбөлөр болду.

Андан сырткары кыргыз бийликтери, Ош менен Жалал-Абаддагы жетекчилер жана сыртта жүргөн айрым адамдар менен да кеңири маектештик. Мен алар кимдер экенин ачык айтпай турайын, азырынча эртелик кылат.

“Азаттык”: Айрым эксперттер бул окуялардын келип чыгышына бийликте жүргөндөр арасында ынтымак, биримдиктин жоктугу да түрткү болду деп эсептешет. Сиздин пикириңиз кандай?

Киммо Килюнен: Албетте, 7-апрелде бийлик алмашып, убактылуу өкмөт мамлекетти башкаруу милдетин өзүнө алгандан кийин алардын арасында кандайдыр талаш-талкуу болуп, жоопкерчиликти бир колго алуу дароо ишке ашпаганы түшүнүктүү. Анын обьективдүү себептери бар.
Мындай кандуу окуя боюнча эл аралык иликтөө буга чейин башка постсоветтик бир да өлкөдө болгон эмес.


Бирок бир жагынан эмне үчүн кыргыз өкмөтү ушул Ош менен Жалал-Абаддагы окуяларды көз карандысыз эл аралык комиссия иликтесин деген өтүнүч менен кайрылды?

Мындай кандуу окуя боюнча эл аралык иликтөө буга чейин башка постсоветтик бир да өлкөдө болгон эмес.

Менимче, кыргыз бийликтери бул кандуу окуялар кандайча башталып, эмнеден улам ушунча кишинин өлүмүнө алып келгенин өзүлөрү да так, даана билгилери келет.

Биздин комиссиянын курамында жалаң улуттар аралык мамиле боюнча адистер, социологдор гана эмес, курал-жарак боюнча адистер, соттук-медициналык эксперттер, мыйзам, Кылмыш жаза кодексинин аткарылышы боюнча мыкты адистер да бар.

Кыргыз өкмөтү менимче, эл аралык коомчулук алдында жүзү жарык болуш үчүн, чындыкты билиш үчүн бизди чакырды деп ойлойм.

Эгерде иликтөө акыйкат жүргүзүлсө, ал сөзсүз эки элди элдештирүүгө салым кошот деп ишенем.

“Азаттык”: Азыркы кырдаалды кандай баалайт элеңиз? Кээ бир эксперттер айткандай, чыңалуу дале күчтүүбү?

Киммо Килюнен: Июндагы кайгылуу окуянын белгилери, албетте, дале көзгө урунбай койбойт. Айрым жарадарлар дагы эле ооруканада жатышат, көптөгөн кишилер кайгыдан улам баарынан көңүлү кайт болуп ызаланып турган чагы.

Биз Кыргызстандын бийликтерине да, эл аралык коомчулукка да Ош менен Жалал-Абадда эки элди элдештирип, ынтымактуу жашоосун шарттай турган конкреттүү чараларды сунуш кылмакчыбыз.

Чет мамлекеттердин өкмөттөрүнө да кайрылабыз.

Кыргызстандын түштүгүндө мындай кайгылуу окуя 20 жыл мурун дал ушундай жайдын күндөрү болуп өткөн, анда да далай киши өлгөн.

Мындай трагедияны келечекте такыр болтурбоо жолдорун баарылап ойлонуп табышыбыз керек. Биздин иликтөө ошол максатты көздөйт.

Кыргызстан Борбор Азияга өрнөк боло алабы?

Кыргызстандагы парламенттик демократиянын келечеги 27-январда Бишкекте өткөн илимий жыйында талкууланды. Казакстан жана Евробиримдиктен өкүлдөр Борбор Азияда биринчи болуп парламенттик башкаруу системасы сыналып жаткан Кыргызстандын азыркы жагдайына сереп ташташты.

Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университетинде өткөн эл аралык конференцияда Кыргызстандагы парламенттик тажрыйбага ар тараптан баалар берилди. Былтыр элдик толкундоолордон кийин орногон парламенттик демократия чыйралып кетеби, тегерегинде авторитардык бийликтер орун алган региондо кыргыз демократиясынын келечеги барбы? Эксперттер менен саясатчылар ушундай орчундуу суроолорго жооп издешти.

Жашоо мыйзамдан татаал

Казакстан улуттук илимдер академиясынын академиги, профессор Салахадин Сабикен азыркы кыйчалыш заманда парламенттикке караганда, президенттик-парламенттик бийлик өзүн актамак эле деп эсептейт.

- Кыргыздарга азыр таза парламенттик мамлекет орнотуу өтө кыйын. Биринчиден, мамлекеттин алдындагы жагдайды чече баштагандан кийин парламенттик башкарууга жол алат. Негизинен азыр тартип керек го, азыр Кыргызстанда тартип өтө аз, тартип бош. Адамдардын күч-максатын бир багытка жолдоо керек, мамлекеттин алдындагы милдеттенмелерди чечүү керек, ишке ашыруу керек. Азыр сиздерге аралаш, парламенттик-президенттик башкаруу туура келет.

Казак парламенти
Казакстандын юридика илимдеринин доктору Ермек Абдрасулов экономикалык негиз түзүлмөйүн демократиялык реформалар алга жылышы кыйын экенин өз өлкөсүнүн мисалында далилдейт.

- Казакстан өз убагында парламенттик республика катары баштаган. Анан биз аткаруу бийлигин күчтөндүргөн президенттик өлкөгө өтө баштадык. Эмне үчүн дегенде парламент ыкчам иштебей, тескерисинче, токтоп калган. Парламент өзү узак жол, узак процедура. Угуш керек, кайтарыш керек, маалымат менен байланыш керек. Убакыт өтүп атат, кандайдыр бир системага кириш керек. Мындай жолду Англия да басып өткөн. Мыйзамдын жакшысын, өтө мыктысын иштеп чыгып, кабыл алса болот. Бирок жашоо мыйзамдан татаал.

Система бардыгына эле жакпайт

Жергиликтүү саясатчылар жана серепчилер Кыргызстандын парламенттик башкарууга алгачкылардан болуп кадам таштоосун бир чети ийгилик катары белгилеп жүрүшөт. Парламенттик демократияга негиз салган Конституцияны сунуш кылган "Ата Мекен” партиясы Кыргызстан демократиялык реформалардын үзүрүн берет жана сөз жок коңшулардагы жараяндарга таасирин тийгизет деп ишендирүүдө.

Конституциялык кеңешменин мүчөлөрү Өмүрбек Текебаев, Эркин Алымбеков, Медер Абдиев
Аталган фракциянын депутаты Эркин Алымбековдун айтымында, айрым авторитардык өлкөлөргө бул система жакпай жаткан сыяктуу.

- Жаңы бийлик системасы айкындуулуктун, саясий атаандаштыктын принциптерине негизделген бийлик системасы. Бизде болуп аткан процесстер кошуна өлкөлөргө да чоң таасирин тийгизет. Анткени ошол эле өлкөлөрдө биз кулаткан эски авторитардык, үй-бүлөлүк бийлик системасы азыркыга чейин сакталып турат. Ошондуктан өздөрүнө залалы тийип калат деп өздөрүнүн бийлик системасынан чыгарбай, парламенттик системага каршы болуп атканы коомчулукка түшүнүктүү.

Кыргызстандык профессор Роман Оморов дүйнөдөгү башкаруу системаларын изилдеп келип, парламенттик демократия туруктуу болооруна көзү жеткенин айтып берди:

- Парламенттик система туруктуу болот. Узурпатордук бийлик болсо бир эле киши билип атат баарын. Эгер ошол киши кетсе мамлекет чачырап кетип атпайбы.

Кыргызстан - парламенттик башкаруу системасына өткөн Борбор Азиядагы алгачкы өлкө. Апрелдеги элдик толкундоолордон кийин президенттик бийлик кулатылып, жаңы бийликтин сунушу менен 27-июнда өткөн референдумда өлкө парламенттик башкаруу жолун колдогон.

Бирок Орусиянын президенти Дмитрий Медведев парламенттик демократиянын келечеги жок деген терс тыянагын билдирген.

Ошол эле кезде АКШнын мамлекеттик катчысы Хиллари Клинтон Кыргызстандагы деморатиялык реформаларга Вашингтон ар тараптан колдоо көрсөтө турганын бышыктаган.

Борбор Азиянын мүмкүнчүлүктөрү кенен

Борбор Азия өлкөлөрү башка мамлекеттер менен атаандаш боло тургандай деңгээлге чыгып, экономикалык ар түрдүүлүккө шарт түзсө дүйнөнүн булуң-бурчундагы инвесторлорду аймакка тарта алышат.

Экономикалык кызматташуу жана өнүгүү уюмунун ушундай мазмундагы доклады 27-январда Давостогу Дүйнөлүк экономикалык форумда сунуш кылынды.

Борбор Азиядагы атаандаштыкты талдаган докладдын авторлору табигый ресурстар жана жумушчу күчтүн көптүгү регион экономикасынын акыркы 10 жылда өсүшүнө алып келгенин белгилешет. Аны менен бирге аймак ошол жаратылыш байлыктарына көз каранды болуп калды. Мисалы, 2008-жылы Казакстан экспортунун үчтөн эки бөлүгүн мунай продукциясы түзгөн. Кыргызстан сыртка саткан товарлардын үчтөн бир бөлүгү алтынга туура келген.

Атаандаштыктын өнүгүшүнө ошондой эле эмгек рыногунун талаптары менен жумушчулардын кесипкөйлөгү ортосундагы ажырым, чакан ишкерлердин финансылык мүмкүнчүлүктөрүнүн чектелиши тоскоол болууда.

Докладдын авторлорунун бири, Экономикалык кызматташуу жана өнүгүү уюмунун Евразиядагы атаандаштык программасынын жетекчиси Фади Фаррада инвесторлорду тартуу үчүн аймакта жакшы шарттар бар деп белгилейт: “Бул чөлкөм инвесторлордун көңүл борборунан тышкары болуп келди. Азыр атаандаштык потенциалы күч алып баратат. Азыркы көрсөткүчтөр менен болочок ыктымал делинген көрсөткүчтөр ортосундагы ажырым башка региондорго салыштырганда өтө чоң. Атаандаштыкты өнүктүрүү үчүн жакшы шарттар бар”.

Реформа менен өнүгүү да келет

Изилдөөгө алынган аймакта энергия булактарына бай Казакстан жана Түркмөнстан менен бирге экономикалары айыл чарба менен күн көргөн Тажикстан, Ооганстан өңдүү жакыр өлкөлөр орун алганын эстен чыгарбоо зарыл.

Ош базары
Албетте атаандаштык деңгээли да Борбор Азия өлкөлөрүндө тегиз эмес. Бирок Фарра алардын бардыгынын атаандаштык мүмкүнчүлүктөрү жогору деп ырастайт: “Айрым өлкөлөр атаандаштык жагынан өтө өнүккөн, башкача айтканда реформалардын бир нече этабы ишке ашырылып, маселен, Казакстанда чет мамлекеттерден тикелей инвестиция тартууга өбөлгө түзүлдү. Башка өлкөлөр ошол реформалардын үстүнөн иштеп жаткан кез. Муну – алардын мүмкүнчүлүктөрү бирдей эмес деп чечмелебейт элем. Алар жөн гана тиешелүү реформаларды ишке ашырууга тийиш”.

Атаандаштыкты өнүктүрүү үчүн аймакта бир катар ыңгайлуу шарттар бар. Алсак, алардын бардыгы Россия, Индия, Кытай өңдүү ыкчам өнүгүп келаткан экономикалардын курчоосунда жайгашкан. Ал өлкөлөр аймакка инвестиция салып турууга кызыкдар.

Ооганстанды эске албаганда чоңдор арасындагы сабаттуулук чөлкөмдө 99 процентке жетет. Дүйнөдөгү жалпы көрсөткүч 83 процентти түзөөрүн айта кетели.

Өсүш болот

Казакстан менен Түркмөнстан мунай жана газды экспорттошсо, сууга бай Тажикстан менен Кыргызстандын гидроэнергетиканы өнүктүрүү үчүн шарттары жакшы. Ооганстанда болсо темир, жез, кобалт жана литиумдун иштетиле элек кендери көп. Буудай, пахта өндүрүү жагынан да Борбор Азиянын мүмкүнчүлүктөрү кенен.

Докладда ошондой эле билим берүү, чакан жана орто ишканаларды финансылоо жана эл керектөөчү товарлардан башка тармактарга инвесторлорду тартуу чөйрөлөрүндө реформалар жүргүзүлүүгө тийиш деген сунуш айтылат.

Европадагы кайра куруу жана өнүгүү банкынын божомолуна караганда, быйыл Борбор Азиянын экономикасы 6,6 процентке өсөт. 2010-жылкы көрсөткүч 6,7 процентти түзгөн.

Ал эми Эл аралык валюта фонду Кыргызстандын экономикасы быйыл 7,1 процентке чейин өсөт деп болжолдойт.

Бишкекте эл аралык бокс мелдеши башталды

26-январда Бишкекте Ата мекендик согуштун баатыры Дүйшөнкул Шопоковдун элесине арналган бокс турнири башталып, ага Орусия, Кытай, Казакстан, Өзбекстан, Тажистан жана Кыргызстандан 200 спортчу катышууда.

Быйыл 37-ирет өткөрүлүп жаткан мелдештин ачылыш салтанатында өлкөнүн Дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин жетекчиси Алмазбек Касенов мушкерлерге ийгилик каалады.

Кыргызстандын бокс федерациясынын президенти Абдубахит Халмурзаевдин айтымында, бул мелдеш дүйнө, Азия чемпионаттарына жана 2012-жылы Лондон олимпиадасына талапкер жигиттерди сыноонун бир баскычы катары өтүүдө.

Учурда да рингдеги күч сынашуу он бир салмак боюнча улантылып, жеңүүчүлөрдү аныктоо үчүн иргеп алуу таймаштары болууда.

Жеңил салмактарда алгачкы беттешүүлөрдө кыргызстандык Азат Үсөналиев, Бакыт Асаналиев, Жыргалбек уулу Мунарбек, Мирбек Шеров жеңишке жетишти.

Өзбекстандык спорт чебери Захиджон Хурбаев жана казакстандык Талгат Оракбаев, Мухит Амантаев да кийинки беттешүүгө укук алып, утуп чыгышты.

Казакстандын Тараз шаарынын бокс командасынын жетекчиси Айтбоосун Сыдыгалиев да жаш кезинде ушул мелдешке катышканын, казактын мыкты боксчулары Серик Конокбаев, Эрмахан Ирбаимов, Бактияр Артаев жана башкалар жеңүүчү болгонун эскерип, “быйыл жаштарды сыноо үчүн алып келдик”,-деди.

Мелдештин кийин жеңишке жетишкен жалалабаддык Мирбек Шеров алдыда дагы 4 таймашуу турганын, башкы максаты Лондон олимпиадасына жолдомо алып, мөрөйгө жетүү экенин “Азаттыкка” билдирди.

Учурда 60 кг. салмакта 9 беттешүү өтүүдө. Биринчи беттешүүдө казакстандык Есбол Бектибайды оштук Абдилай Анарбай уулу артыкчылык менен утуп алды.

26-январда рингдеги күч сынашуулар 64 кг., 69 кг., 75 кг жана 81 кг. салмактарда да атаандаштар мөрөй талашканы камынып жатышат.

Адистердин баамында, айрыкча кытайлык боксчу Ушур Алымдын чеберчилиги жогору экени айгине болду.

Караколдон атайын бокс мелдешин көрүү үчүн Бишкекке келген күйөрман Кубан Кенжебаевдин айтымында, Совет доорунда бул мелдештин кадыр-баркы жогору болсо, эгемендүүлүк алганы таасири төмөндөп кеткен:

- Кийинки үч-төрт жылдан бери кайрадан уюшкандыкта өткөрүлө баштады. Быйылкы мелдешке катышкан кыргызстандык жаштардын дарманы чектелүү экени өкүндүрөт. 3 раунддук таймашуунун аягында шайы ооп, муштуму көтөрүлбөй калып жатат. Кытайлык, өзбекстандык жана казакстандык жигиттердин даярдыгы дурус, чеберчилиги жогору экен. Биздин жигиттер да намыстанып, эл аралык мелдештерге көп барса, тажрыйбалуу болот эле.

Мелдештин биринчи күнүндө эле 38 беттешүү болуп, таймашуулар 6-7 сааттан ашык созулуп, мында мыктылар иргелип, кийинки таймашууга укук алып жатышат.

Ар күн сайын мөрөй талашуу саат 12де башталып, мыктылар тандалууда. Эл аралык мелдештин жеңүүчүлөрү 30-январда аныкталат.

Мелдештин башкы калысы, профессиналдык бокс боюнча дүйнөнүн жети жолку чемпиону Орузбек Назаров бул мелдешти “А” тобундагы таасирдүү турнирге айландырууга аракеттер көрүлүп жатканын айтты.

Чынында 1974-жылдан бери Кыргызстанды дүйнөгө тааныткан Андрей Курнявка, Нурлан Абдыкалыков, Алмаз Райымкулов, Нурбек Касенов, Таалай Кадыралиев, Айбек Абдымомунов жана башкалардын чоң спорттогу тушоосу Дүйшөнкул Шопоковду эскерүү мелдешинде кесилип, алар спортко тагдырын арнаган.

Былтыр да, быйыл да ден соолугуна байланыштуу Социалисттик эмгектин баатыры Керимбүбү Шопокова маркум жубайы Дүйшөнкул Шопоковду эскерүү мелдешине келе алган жок.

Домодедово: кыргыз жараны мерт болду

Өлүм болгон жерге коюлган гүл, Домодедово, Москва, 25-январь.

Москвадагы жардырууда мерт болгон кыргыз жараны мекенине эртең жөнөтүлөт. Бул тууралуу Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги билдирүүдө.

Анын аралыгында, кыргыз экендиги болжонгон жараат алган кыз Москва ооруканасынын реанимация бөлүмүнөн чыгарылышы күтүлүүдө.



Каргашалуу дүйшөмбүдө 35 кишинин өмүрүн алган жардыруу болгон тапта Кыргызстандан учак болгон эмес, ошондуктан курман болгон кыргыз жараны Мурат Хакназаров ал жерге кандайча барып калганы азырынча белгисиз. Кыргызстандын Москвадагы элчилиги "Азаттыкка" кабарлагандай, маркумдун жанынан Кыргызстандын ички паспортунан башка эч кандай документ табылган эмес.

Элчиликтин юристи Алмаз Абдысияев буларды билдирди:

- Жардыруунун мезгилинде (учактан) чыгып келаткандар да, сыртта күтүп тургандар да жабыр тартышты. Баланын туугандары бизге чыккан жок. Анын жанында билет табылбаган соң, тергөөнүн да, биздин да оюбузча, ал Тажикстандан келген учактан бирөөнү тоскону барган, же аэропортко эл ташып, ошентип иштеп, оокат кылып жүргөн бала болгон.

Бишкекте Тышкы иштер министрлиги таркаткан кабарга ылайык, Хакназаров Мурат Худайназарович Тажикстанда туулган, улуту кыргыз, Сокулук районунун Жаңы-Жер айылында катталган. Хакназаровдун ысмы Кыргызстандын Москвадагы элчилигинде мигранттардын тизмесинде жок. Абдысияевдин айтымында, бюрократиялык формалдыктар бүткөндөн кийин, сөөк 26-январда Кыргызстанга жөнөтүлөт:

- Соттук, медициналык экспертизанын жыйынтыгы чыгып, аны алып кетүүгө уруксат алгандан кийин, эртең кечки авиа каттам боюнча жөнөтөбүз.

Анын аралыгында, Москванын бир ооруканасына жеткирилген, кыргызстандык экени болжолдонгон Гүласыл Пусурованын абалы оңоло баштады.

- Кыргызча сүйлөп атат деп айтып атышат. Ошол реанимация бөлүмүнүн врачтары менен байланыш болбой атат. Ал жакка эч кимди киргизбей жатат. Ошондуктан ошол дарылап аткан врачтардын маалыматына гана таянып жатабыз, - деди элчиликтин юристи Алмаз Абдысияев

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигине ылайык, Пусурова Гүласел Абдыбаитовна Кыргызстанда төрөлгөн, Орусиянын жарандыгын алган.

Пусурова жаткан 68-оорукананын реабилитация бөлүмүнүн башчысы "Азаттыкка" Пусурованын абалы канааттандыраарлык экендигин жана реанимациядан эртең чыгарылаарын гана бышыктады:

Дарыгер: - Кыздын атуулдугу Орусияныкы, ал Орусияда катталган. Анын абалы канааттандыраарлык.

"Азаттык:": Реанимациядан чыгарасыңарбы?

Дарыгер: Бүгүн эмес, эртең менен чыгарабыз. Бирок абалы канааттандыраарлык. Башка эч нерсе айта албайм.

"Азаттык:": Ал кандай жараат алган?

Дарыгер: Мен ал жөнүндө атайын уруксат болмоюнча эч нерсе айта албайм.

Москвадагы 68-оорукананын реанимация бөлүмүнүн бул өкүлү өз атын да атай албай тургандыгын билдирип, уруксатты ал Москва шаарынын саламаттык департаментинен алууга кеңеш берди.

Москва шаар бийликтери террордук чабуул деп бааланып жаткан Домодедоводогу жардыруудан каза тапкандарга жана жараат алгандарга акчалай компенсация төлөп берет. Элчиликтин маалыматына ылайык, набыт болгондордун жакындарына 2 (эки) миллион рубль, жапа тарткандарга 1 (бир) миллион рублдан берилет.

Жардырууда Өзбекстандын бир, Тажикстандын эки жараны көз жумуп, 13 тажик жараат алгандыгы айтылууда. Соңку маалымат боюнча, каргашада кеминде 110 киши жараат алды.

Домодедоводогу жардыруу үчүн Орусиянын президенти аэропортто коопсуздук чаралары начар болгондугун сындап, терроризм Орусиянын коопсуздугу үчүн башкы коркунуч бойдон кала берип жаткандыгын билдирди.

Кыргызстандын президенти Роза Отунбаева Орусиянын президентине көңүл айтты. Бишкектин жанындагы "Манас" аэропортунда коопсуздук чаралары күчөтүлүп жаткандыгы кабарланууда.

Жардыруунун курмандыктары эскерилүүдө
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:27 0:00

Ооганстандагы кыргыздар жардамга муктаж

Ооган парламентинин мурдагы депутаты Турди Ахун Атабек уулу "Азаттыктын" Бишкектеги студиясында.

Ооганстандын Памир өрөөнүндө бир жарым миңден ашуун кыргыз жашайт.

Ооган парламентинин төмөнкү палатасынын мурдагы депутаты Турди Ахун Атабек уулу «Азаттыкка» Анкара шаарынан телефон аркылуу курган маегинде Памир жергесиндеги кыргыздардын жашоо турмушунун оордугун айтып, Кыргызстан менен алакалар кеңейсе деген тилегин билдирди.

Турди Ахун Атабек уулу 46 жашта, 8 уул, 1 кыздын атасы. Кабул шаарында турат.


Ооганстандын Памир аймагында канча кыргыз бар?

- 1500 кыргыз Чоң Памир менен Кичи Памир деген эки айылда жашайт.

- Эки кыштакта мектеп, оорукана барбы?

- Эки Памирде мектеп бар. 4 жыл мурун курулган. Себеби өкүмат жетише албайт, мотор жолу жоктуктан көп нерсе жетишпейт, окута турган мугалимдер да жетишпейт. Мунун баары жолдун жоктугунан.

- Кыздар мектепке барабы?

- Кыздар мектепке барбайт. Кыздар эмес уулдарга жакшы даба (мүмкүнчүлүк) жок.

Мектепте окуу кайсы тилде?

- Фарсы, дари тилдеринде.

Эки айылда оорукана барбы?

- Оорукана жок.

Эгер айыл тургундары катуу ооруп калса, же кош бойлуу аялдар болсо алар кайда барат?

- Алар эч кайда барбайт, ошол үйдө жатат. Аллах өзү бир жардам берсе аялдар аман-эсен көз жарып алат. Кылбаса, өлүмгө баана (себеп) болот.

- Ооган парламентинде кыргыздарга канча орун берилет?

- Бир эле.

- Памирлик кыргыздарын негизги көйгөлөрү эмне?

- Машине жолу жок. Андыктан мектеп, китеп-дептер, электрондук заттар (компютер) жок, эч нерсе жок. Оогандагы кыргыздардын турмушу мал менен жашайт. Койлору, топоздору бар. Жалгыз эле мал. Эч нерсе өспөйт, арпа-буудай деген чыкпайт. Сабзи (жашылча-жемиш), же инсан жей турган чөптөр дагы болбойт. Эт гана жешет.

- Мал көппү? Маселен, бир үй бүлөдө канча кой, топозу бар?

- Эми элде баары тегиз эмес. Бирөөндө азыраак, бирөөндө көбүрөөк. Көп дегенинде 200-300 башка жете малы болсо, эң азында 10-15 майда малы, 2-3 топозу бар. Жашоо ошолор менен өтөт.

- Памирлик туугандар ооган жарандары да. Алардын жарандык паспорттору, балдардын документтери барбы?

- 30 жаштан өйдөсүндө документтери бар, андан ылдый жашында эч бир документ жок.

- Кыргызстан тарап, кыргыз бийлиги менен байланыштар барбы?

- Азыр анча жакын байланыштар жок. Памир менен Кыргызстандын ортосунда Тажикстан турат. Мен Кабылда турам. Кабылда Кыргызстандын элчилиги жок. Кыргыз бийлиги менен байланышыбыз жок.

- Кыргыз өкмөтү гуманитардык жардам менен бир кезде Памирге барып келди эле. Андай көмөктөшүү азыр токтоп калдыбы?

- Ооба, барышты эле. Азыр токтоп калды.

- Кыргызстанга көчүп келүүнү каалагандар барбы?

- Кыргызстанга көчүп келүүнү каалгандар бар. Ал үчүн акча жок, Кыргызстанда жашоо үчүн аларга үй болуш керек, жегенге тамак-аш керек, каражат керек. Мындагы кыргыздардын 4-5 миң доллар акча даярдап барууга мүмкүнчүлүктөрү жок да. Кыргызстан дагы анча каражат бере алат деп ойлобойм.

- Түркияга дагы мүмкүн болсо кыргыздарды көчүрүп келүү жолдорун издеп барыпсыздар. Маселе кандай чечилип жатат?

- Түркияга жарандыкка келишке ой-пикир да жок. Кыргызстан, Түркия болобу Ооганстандагы бизди көңүлдөн чыгарып койбой жардам кылсанар жакшы болбойбу.

- Кыргызстан тарап менен "тарыхый Ата Мекенибизге келели деп жатабыз. Ал үчүн эмне кылалы?" деген сүйлөшүү деги эле бир кезде болду беле?

- Кыргызстан тарап менен андай сүйлөшүү мурун бир убакта болгон эле. Биздин Кичи Памирде отурган Абдрашит хан деген ханыбыз 4-5 жыл мурун Кыргызстанга кайрылып, барып келген. Анан ал ойлоп-көрүп, эч кандай чечим кабыл алып, жолун таба алган жок. Анан ал адам дагы дүйнөдөн өтүп кетти. Андан бери кайрыла элекпиз эч кимге. Кайсы жол менен кайрылабыз? Ооганстанда Кыргызстандын элчилиги болсо дагы ал жерге барат элек. Анан жана мен айткандай элчилик дагы жок.

- Өзүнүз Кыргызстанга бардыңыз беле?

- Ооба, мындан 4 жыл илгери бир туристтик каржынын эсебинен бир көрүп келейин деп келгем. 4-5 киши болуп Бишкекте, Көлдө, Нарынга барып жер көрүп, айылчылап, кыргыздардын турмушун, оокат-ижараны көрүп кайттык.

- Памирлик кыргыздардын арасында Кыргызстандагы туугандары менен байланышты үзбөй кармап калгандары барбы?

- Ооба, бар, бар.

- Ооганстанда абал оор. Андай болсо дагы улуттук азчылыктарга, анын ичинде кыргыздарга жардам берилеби?

- Өкүмат тарабынан берилет. Бирок өкүмат жетише албайт. Жетише албагандыктан Памирге мотор жолун кура албай жатпайбы. Машине жолу болсо эле мектеп, оорукана, дагы турмушка зарыл көп инканиаттарды куруп бермекпиз дешет. Бечара оогандар деле жаман эмес, алардын өзүнүн мүмкүнчүлүктөрү кем да.

- Ооган өкүматы тыңып жол салып бере албаса, турмуш оор тейден турса памирлик кыргыздар, балким башка өлкөлөргө жер көтөрүп көчөбү, же туулган жерин байырлап отура береби? Жергиликтүү калктын ою кандай?

-Аны биз карап көрөбүз. Кайсы бир инканиат табылып, биздин Памирибизге машине жолу салынса, мектеп ачылса, ооруканалар салынып, шартыбыз оңолуп кетсе биз ошол Ооганстанда эле отурабыз. Бул жерге биз көнүп калдык, туулган жерибиз, кыргыз айтат эмеспи "киндик кесип, кир төккөн жерим", деп. Бизге да бу жашаган жерибиз ошондой жакшы көрүнүп калган, өскөн жер.

Эгер инканиаттар оңолбосо, анда Кыргызстанга, же дагы бир өлкөгө кайрылабыз. Бул да Алланын насиби.


P.S. Маекте диалектикалык өзгөчөлүктөр сакталды.

Каримов Брюсселге саясый убада берди

Президент Каримовдун визитине каршы Брюсселдеги митингден бир көрүнүш.

Бельгияда Өзбекстандын президенти Ислам Каримов дүйшөмбү күнү Еврокомиссиянын төрагасы жана НАТОнун башкатчысы менен кездешти.

Жосе Мануэл Барросу кездешүүдө Евробиримдикти Өзбекстандагы адам укугунун абалы жана саясый эркиндиктер сакталбаганы кооптондурганын айтканы ырасмий маалымдалды. Адам укугун коргоочу эл аралык уюмдар Еврокомиссиянын төрагасы Ислам Каримов менен жолугушаар алдында, Брюсселде нааразылык акциясын өткөрүшүп, Өзбекстандагы адам укугун абылын жакшыртууга чакырышты.
Еврокомиссиянын төрагасы Жозе Мануэл Барросу(оңдо) жана Өзбекстандын президенти Ислам Каримов(солдо) кездешүүдөн соңку кол койуу салтанатында.


Өзбек лидери 24-январда Еврокомиссиянын төрагасы Жосе Мануэл Барросу жана НАТОнун башкатчысы Андерс Фог Расмуссен менен жолугушту. Президент Каримовдун Жозе Барросу менен болгон кыска сүйлөшүүсүнүн мазмуну жөнүндө ырасмий билдирүү жасалбады.

Бирок Еврокомиссиянын төрагасынын кеңесеси кездешүү учурунда эки жак энергетикалык кызматташууну өнүктүрүү боюнча меморандумга кол коюшканын кабарлады. Билдирүүгө караганда, Барросу кездешүүдө Евробиримдикти Өзбекстандагы адам укугунун абалы жана демократиялык эркиндиктер сакталбаганы тынчсыздандырганын Каримовго айткан. Өз кезегинде президент Каримов “келечекте Өзбекстанда демократиялык реформа тереңдетилет” деп сөз берген.

НАТОнун башкатчысы Андерс Фог Расмуссен 24-январдагы маалымат жыйынында президент Каримовдун өтүнүчү боюнча аны менен кездешип жатканын баса белгилеген:

- Бул кездешүү Өзбекстандын президентинин өтүнүчүнө ылайык болуп жатат. Мен мындай кездешүү табигый иш деп билем. Өзбекстан бизге өнөктөш өлкөлөргө кирет.

Расмуссен ошондой эле Каримов менен болчу сүйлөшүүдө демократия жана адам укугу маселеси жөнүндө да пикир алмашуу болорун билдирди. Еврокомиссиянын өкүлү Пия Ааренкильде Гансен айым да Еврокомиссиянын төрагасы Жозе Барросу өзбекстандык мартабалуу конок менен кездешүүдө адам укугу маселеси сөзсүз козголорун маалымдаган:

- Еврокомиссиянын президенти учурдан пайдаланып, адам укугу маселесин, анын ичинде айрым конкреттүү окуялар тууралуу жана реформаны алдыга жылдыруу жөнүндө сүйлөшкөнгө пайдаланат. Баса, Өзбекстан менен адам укугу боюнча ырасмий диалог жүрүүдө.

Эл аралык адам укугун коргоочу уюмдар: Human Rights Watch, Чек арасыз кабарчылар уюму, Эл аралык мунапыс уюму жана башкалар Өзбекстан адам укуктары орой бузулган дүйнөдөгү өлкөлөрдүн тобуна киргенин, жүздөгөн адамдардын каны төгүлгөн 2005-жылкы Анжиян окуясы алиге изилденип, тиешелүү адамдар жазаланбаганын айтып, Каримовдун Брюсселге чакырылуусуна каршы экенин тынбай билдирип жатышты.

Дүйшөмбү күнү да Еврокомиссиянын Брюсселдеги башкеңсесинин маңдайында Ислам Каримовдун сапарына каршы укук коргоочулар митингге чыгышты.

Ал эми Борбор Азиядагы адам укугу үчүн биримдигинин төрайымы Надежда Атаева Өзбекстандын түрмөлөрүндө уруп-кыйноолор, адамдардын дайынсыз жоголуусу жана бийликке ыкрар келтирген адамдарды жалган доомат менен соттоо кеңири жайылган көрүнүшкө айланганына европалыктардын көңүлүн бургусу келгенин айтат:

- Мен учурдан пайдаланып, журналисттер коомчулугуна Өзбек түрмөсүнөн келген мына бу катты тапшырып койгум келет. Катта уруп-токмоктолгон жана адам ойлогус жолдор менен кыйналгандан улам акылдарынан ажырап калган адамдар тууралуу жазылган.

НАТОнун башкатчысы Расмуссундин билдиришинче, Өзбекстан Ооганстанга чек аралаш болгондуктан, эки жак Ооган жеринде кырдаалды стабилдештирүүгө бирдей кызыгат.

- Бизди ошондой эле Ооганстандагы жагдай кызыктырат. Өзбекстан, сиздерге маалым, Ооганстанга коңшу жайгашкан. Биз Ооганстандагы операцияларда Борбор Азия өлкөлөрү менен кызматташабыз. Биз 2009-жылдан тартып эле Өзбекстандын транзиттик жабдууларын пайдаланып келебиз.

Расмуссендин мына ушул сөзү Евробиримдик үчүн азыр Өзбекстан аркылуу Ооганстандагы НАТОнун күчтөрүн камсыздоо маанилүү экенин, ошон үчүн Ислам Каримов Брюсселде кабыл алынып жатканын күбөлөйт.

Президент Каримов КМШда жоготкон кадырын Брюсселден табат

Өзбек президенти Ислам Каримов жана Еврокомиссиянын төрагасы Жосе Мануэл Барросу. Брюссель, 24-январь, 2011

Өзбекстандын президенти Ислам Каримов бүгүн Бельгияда сапарда жүрөт. Эл аралык адам укугун коргоочу уюмдар Брюсселде дүйшөмбү күнү Каримовдун визитине каршы нааразылык акциясын өткөрүшүп, 2005-жылкы Анжияндагы кандуу окуяны адилеттүү иликтөөнү талап кылды.

Президент Ислам Каримов дүйшөмбү күнү Брюсселде Еврокомиссиянын төрагасы Жосе Мануэл Барросу менен кездешти. Азырынча кездешүүдө кайсы маселелер талкууланганы ырасмий түрдө жарыялана элек.
Бельгия. Өзбекстандык адам укугун коргоочу Надежда Атаева(солдо) Өзбекстанда абакта отурган адам укугун коргоочуларга эркиндик берүүнү талап кылып, Брюсселде өткөн митингде. 24-январь 2011


Эл аралык адам адам укугун коргоочу уюмдар: Human Rights Watch, Чек арасыз кабарчылар уюму, Эл аралык мунапыс уюму жана башкалар президент Каримовдун Брюсселге чакырылуусуна каршы экенин билдирип жатышты.

Дүйшөмбү күнү да Өзбек лидеринин визитине каршы Брюсселдеги Еврокомиссиянын башкеңсесинин маңдайында укук коргоочулар нааразылык акциясын өткөрүштү. Ошол жерде жүргөн Эл аралык кризистик топтун өкүлү Андрю Штрөлайндын “Азаттыкка” айтышынча:

- Демонстранттар “Анжиян - дале адилеттүү сотту күтүүдө. Үн чыгарбоо-убада кылынган прогрессти болтурбайт”,- деген ураандарды көтөрүп чыгышты.

Адам укугун коргоочу эл аралык уюмдардын пикиринче, Каримовду Брюсселде кабыл алуу-Евробиримдиктин өзбек диктаторун колдогонун шардана кылат.

Анжиян. 14-май 2005
Маалымат булактарынын, анын ичинде “Файненшл Таймс” гезитинин жазышынча, Еврокомиссия ырасмий Ташкен менен алаканы бекемдөөнү көздөсө, өз ара мамилени оңдоону Өзбекстандагы адам укугунун абалын жакшыртуу жана кичине да болсо саясый эркиндикке жол ачуу менен байланыштырыш керек болчу. Бирок Брюссель визит алдында Өзбек жетекчилигине мындай талап койгон жок.

Андрю Штрөлайндын сөзүнчө, Каримовдун визити- Брюсселди эл аралык коомчулуктун алдында оңтойсуз абалга калтырууда.

- Бул визит Еврокомиссияны уят кылчу күн. Еврокомиссиянын төрагасы эч кандай олуттуу жүйөөсүз өзбек диктаторун кабыл алууда. Бул визит Евробримдиктин тышкы саясатты координациялап жүргүзүүсү үчүн абдан маанилүү. Себеби, акыркы жылдары Биримдиктин Өзбекстан менен мамилеси начарлап кеткен эле. Барросунун диктатор менен кездешүүсүн эч кандай жол менен актап болбойт.

Жозе Мануэл Барросунун кеңсесинин маалымдашынча, Барросунун жана НАТОнун жетекчилиги Каримов менен өткөрчү сүйлөшүүсүндө
Кыргыз чекарачы өзбек качкындарынын конушуна көз салып турат. Бараш. 19-май 2005
Евробиримдиктин энергетикалык коопсуздугу жана Ооганстандагы согуштук операцияларды колдоо маселеси талкууланат.

Москвалык серепчи Владимир Мухиндин оюнча, Ислам Каримов Брюссел менен алкасын жакшыртуу аркылуу- Күнкорсуз мамлекеттер шериктештигинде акыркы мезгилде жоготкон кадырын көтөрүүнү көздөйт:

- Биринчиден, Каримов бу сапарында Евробиримдик менен кызматташууну жана гуманитардык байланышты жакшыртуу аркылуу өз ара мамилени оңдоону каалайт. Экинчиден, Каримов үчүн экономикалык байланыш баарынан маанилүү. Себеби ал өлкөдө казылган мунай-газды Батыш өлкөлөрүндө сатуучу жаңы жолдорду табууга өтө дилгир. Батыш Анжиян дагы кандуу булоондон кийин Каримовго артын салып кеткен. НАТО азыр Ооганстанда согушуп жаткан күчтөрүнө жүктү тынбай жөнөтүп турганга кызыкдар. А негизги транспорт жолу Өзбекстан аркылуу өтөт.

Мындай жагдайда, серепчилердин айтышынча, Ислам Каримов да өлкөнүн стратегиялык абалынан пайдаланып, Өзбекстандын Түндүк Ооганстандагы саясый позициясын бекемдеп алууну көздөйт.

Ош шаарындагы жамы мечитте

Ош шаарындагы жамы мечитте
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:40 0:00
Түз линк

Ж.Касаболотов: Маалыматтык коопсуздук тилден башталат

Жыргалбек Касаболотов

Конфликтолог, Коомдук телеканалдын Байкоочу кеңешинин мүчөсү Жыргалбек Касаболотов “Азаттыкка” курган маегинде маалыматтык коопсуздук жаатында айтып берди.

“Азаттык”: Жогорку Кеңеште июнь коогасын иликтеген Улуттук комиссиянын төрагасы Абдыганы Эркебаев депутаттардын суроосуна жооп берип жатып, Кыргыз мамлекети июнь коогасында маалыматтык кармашта жеңилгенин кайра-кайра белгиледи. Дегеле медиа эксперттер өлкөдө бирдиктүү медиа талаа болбогонун, өзгөчө кыргыз тилдүү маалымат каражаттары аксап жатканын деп айтып келатышат. Эмне себептен Кыргыз Республикасында маалымат каражаттары атаандаштыкка туруктуу болбой жатышат? Эмне себептен Талас, Чүй облусунда Казакстан, Орусиянын, Ош, Жалал-Абадда Өзбекстандын маалымат каражаттары басымдуулук кылып келет? Жалпылап айтканда өлкө Орусиянын медиа айдыңына көз каранды делет. Эмнеге 20 жыл эгемендиктен бери мындай абалдан чыга албай келатабыз?

Жыргалбек Касаболотов: Мунун көптөгөн себептери бар. Ички себептери жана тышкы себептери бар. Тышкы себептери ошол биздин мамлекеттин башындагылар өздөрү тышкы саясий таасирге туруштук бере албай, биздин өзүбүзгө пайдалуу кээ бир демилгелерди аягына чейин алып кете албай калган жактары болгон. Ички себептери болсо ички мүмкүнчүлүктөрү.

Дегеле буга чейин маалымат коопсуздугуна көңүл бурулган эмес. Бирок бул тууралуу айтыла баштагандан бери эле дегенде 5-6 жыл болду.

Эми негизги маселелер эмнелер болуп жатат? Биринчиден, өлкөдө бирдиктүү маалымат мейкиндигинин жоктугу. Бул сыналгыга байланыштуу. Түштүктө ошол Өзбекстандын өзбек тилдүү электрондук маалымат каражаттары басымдуулук кылат, түндүктө болсо Орусиянын орус тилдүү маалымат каражаттары басымдуулук кылат. Алар көп каражат жумшагандыктан алардын чыгарган программалары, продукциялары алда канча сапаттуу, көрүмдүү болгондуктан элдин баары ошону көрүп жатат.

Кыргыз мамлекетинде болсо бүт өлкөгө тарай турган маалымат каражаты катары эки эле электрондук маалымат каражаты болгон. Бул КТРК жана “Азаттык”. Кийин ЭлТР кошулду. Бирок “Азаттык” эл аралык экенин эске алганда, КТРК, ЭлТР жана дагы 2-3 канал калат экен. Ошол эле убакта тышкы каналдар абдан көп. Ошол эле Өзбекстанды ала турган болсок, алардын берген продукциясы да алда канча профессионалдуу болуп атат. Өзбек тилине которгондо, оригиналдуу продукция ошол өзбек тилинде жаралгандай кылып которуп коюп атышат. Биздикилер андай деңгээлге жете элек.

Экинчиден, биздеги маалымат каражаттардын чет өлкөлөрдө өздөрүнүн кабарчылык пункттары, өз кабарчылары да жок. Демек биз тышкы дүйнөнү караганда, бизге маалымат берип аткан тыштагы өлкөлөрдүн маалымат каражаттарынын көзү менен карайбыз. Андан тышкары ошол эле тыштагы маалымат каражаттарынын да Кыргыз мамлекетинде кыргыз тилин да, өзү иштеген маалымат каражатынын да тилин билген журналисттердин катмары өсүп чыга элек. Болгону “Азаттык” менен Би-Би-Сиде гана бар. Калган чет элдик маалымат каражаттардын өкүлчүлүктөрүндө башка жактын журналисттери, ошол мамлекеттин өкүлдөрү иштешет.

Эгерде Ош окуясында Кыргызстандагы ошол чет элдик өкүлчүлүктөрдө кыргыздар иштеген болсо, ошолордун өз кабарчылары бул жактан кабарларды берип турган болсо, анда бир топ кабарлар башкача өңүттө да кетмек.

Ош окуясында маалыматтык согушта утулганыбыздын бери дегенде эки-үч себеби бар. Биринчиси, маалымат булактары кимдер болду? Ким көбүрөөк кыйкырса, журналисттер ошолорго көңүл бурат. Анын үстүнө, дегеле дүйнөлүк практикада улуттук азчылыктардын үнүнө көбүрөөк көңүл бурулат. Экинчиден, чыр-чатактын зомбулук стадиясын чагылдыруу, жааташкандардын бир тарабы үстөмдүк кылып аткан убакка келип калды да. Ошол боюнча көргөн-билгендерин жазып алып, экинчи тараптыкын албаган бойдон кетип калышты.

Анын үстүнө, өзүбүздүн дагы күч органдардын жетекчилеринин, тиешелүү органдардын башчыларынын кемчилиги болду.

Эгерде чет өлкөлүк журналисттер ачык, бейтарап маалымат бергиси келсе, кандай болгон күндө да экинчи тараптыкын да берип, объективдүүлүк кылмак. Демек азыркы учурда элдин чет элдик маалымат каражаттарына, ал тургай ошол эле эл аралык стандартты карманабыз дегендерге да ишенбей, жактырбай карап калганы ошондон болду. Ал тургай мунун саясий резонансы, ЕККУнун полициялык миссиясынын келишине ишенбөө, нааразы болууга чейин алып келди.

“Азаттык”: Июнь айында ушундай жаман окуя болуп кетти. Ошол окуя учурунда маалыматтык саясатта көптөгөн кемчиликтер болгонун, өлкө бул жагынан жеңилгенин адистер, Улуттук комиссиянын мүчөлөрү, бийликтегилер өздөрү деле айтып атышат. Маалыматтык саясатты бекемдөө, жакшыртуу үчүн эмнелер керек?

Ж.Касаболотов: Маалымат каражаттарынын ичинен эң таасирдүүлөрү биздин шартта бул - электрондук маалымат каражаттары. Демек бул теле жана радио деген сөз. Биздин өкмөт тээ Акаев, Бакиев заманынан бери эле көптөгөн жыштыктарды башкага да бергиси келбей, өзү да тыңыраак колдоно албай, чечкинсиздик кылып басып жатат ошол жыштыктарды.

Ошол жыштыктарды биздин жарандарга, биздин юридикалык тараптарга бериш керек, конкурс менен. Ошол конкурстун шарттары мындай болсо: биринчиден, жок дегенде жалпы өндүрүмдүн 70 пайыздан кем эмеси кыргыз тилинде болушу керек. Экинчиден, журналистиканын жалпы стандарттарын сөзсүз түрдө сакташ керек, эч кандай кара пиарга жол бербеш керек. Үчүнчүдөн, өкмөттүн ырасмий маалыматтарына кайсы бир деңгээлде убакыт берилиши керек. Өлкөнүн бардык аймактарына тараш керек деген үч-төрт шартты коюп, жыштыктарды аянбай эле бериш керек эле. Ошондо алар бири-бири менен атаандашмак, бирок биздин өлкөгө керектүү, жалпы платформанын негизинде атаандашмак. Атаандашса атаандаша берсин, кайра жакшы.

Ошондой шартта талаптарды аткарыш үчүн жок эле дегенде кыргыз тилинде маалыматтар көбөйүп, жалпы эле мамлекеттик тилдеги маалыматтын көптүгү маалыматтык коопсуздук жагынан пайдалуу болмок.

Анан дагы бир нерсени туура түшүнүш керек: Ош окуясы, мурдагысы да, кийинкиси да башка этникалык топторду кыргыз улутунун тегерегинде интеграциялоо болбогону үчүн орун алды. Унитардык мамлекетте, дегеле кандай шартта болбосун сөзсүз түрдө негизги улуттун тегерегинде ошол мамлекеттеги башка этникалык азчылыктар интеграциялашкан убакта гана кандайдыр бир жарандык коомду түзүү тууралуу сөз кылса болот. Бизде болсо аң-сезими ар кандай багытта калыптанган жарандардын муундары өсүп чыкты. Азчылыктардын кээ бирлери Өзбекстанды карайт, кээ бирлери Орусияны карайт, кээ бири Батыш жакка үңүлөт, ошентип теги башка болсо да Кыргыз мамлекетин мекеним деген бирдиктүү көз караштагы, бирдиктүү менталитетте болгон адамдарды өстүрө алган жокпуз. Эми бизде ошону өстүрүү милдети турат.

Ал үчүн биз – мамлекеттик тилди өнүктүрүш керек. Өлкөдө иш кагаздардын баары, көрнөк-жарнактардын баары мамлекеттик тилде болгондо гана мамлекеттик тил мыйзамы күчүнө кирген болот. Калган убакта башка этникалык топтор өздөрүнүн тилин өнүктүрө берсин, ага шарттарды түзөлү, өз тилдеринде гезит-журнал ача берсин, маданияттарын өнүктүрсүн. Бирок Кыргыз мамлекетинде кыргыз тили үстөмдүк кылганда гана тил жагынан бирдиктүү, коммуникативдик платформа пайда болот деп айта алабыз.

“Азаттык”: Тил маселеси демекчи, Кыргыз тилдүү журналисттер биримдиги президентке, Жогорку Кеңештин төрагасына, анан премьер-министрге кайрылуу жолдошту. Ошол кайрылууда "мамлекеттик мекемелер маалыматтарын мамлекеттик тилде таратсын, иш кагаздары кыргызча болсун анан телерадио боюнча мыйзамдын сегизинчи беренеси аткарылсын" деп айтышты. Ушундай талаптар ошол жалпы платформанын түзүлүшүнө өбөлгө боло алабы?

Ж.Касаболотов: Кыргыз мамлекетинде туруп кыргыз тилдүү журналисттердин укугу бузулуп атат. Биринчи иретте өз тилинде маалымат алуу укугу. Мамлекеттик тил жөнүндөгү мыйзам бузулуп атат. Кыргыз өлкөсүндө мамлекеттик тил кыргыз тили болгондон кийин, демек бардык тараптарга таратылып аткан ырасмий маалыматтар биринчи кезекте мамлекеттик тилде болууга тийиш. Өлкөдө калктын басымдуу бөлүгүн кыргыз тилдүүлөр түзөт. Демек көпчүлүктүн укугу да бузулуп атат.

Андан тышкары, бул маалыматтын оперативдүүлүгүнө жана сапатына да таасирин тийгизип аткан нерсе бул. Эгерде мамлекеттик органдар жок дегенде биринчи кезекте журналисттер үчүн кыргызча маалыматтарды даярдап бергенди үйрөнүшсө, анда жок дегенде ошонун өзү да мамлекеттик тил жөнүндөгү мыйзамдын аткарыла баштоосуна өбөлгө түзөт болчу. Анткени алар иш-кагаздарын да ошого жараша оңдой башташат. Адегенде биз прецедент түзүш керек. Ошондой абалды түзүп, аны утуп алгандан кийин калган жактарын да ишке ашырганга өбөлгө түзүлөт.

“Азаттык”: Ошол эле маалда биз айтып аткан кыргыз тилдүү маалымат каражаттары өз продукцияларын сатууга, болгондо да мыкты сатууга, башкаруунун алдыңкы түрлөрүн колдонууга муктаждай. Медиа менеджерлер керектей. Себеби кыргыз тилдүү басылмалар 1000-2000 тираж менен чыгат, аны аз эле адам окуйт. Ошону менен эле кандай жакшы маалымат болсо да көмүлүп калып атат. Ошол маалыматтарды которуу, жайылтуу, заманга жараша интеграция болуу аракети жок. Бул жаата эмне айта аласыз?

Ж.Касаболотов: Кыргыз тилдүү басылмалардын өзүнүн профессионалдык проблемалары бар. Бул объективдүү жана субъективдүү проблемалар. Мисалы, объективдүү проблемалар катары алардын каражаты аз болгондуктан, күндө чыкканга, профессионалдык жагын көтөргөнгө мүмкүнчүлүктөрү жок. Субъективдүү жагын айтсак, көбү 90-жылдардагы журналистиканын деңгээлинде калып калышкан дагы, такталбаган маалыматтарды кетирүү, өзүнүн жеке пикирин таңуулоо сыяктуу нерселерге көп көңүл бурушат. Ушул жагынан кыргыз тилдүү басылмалар, гезиттер уттуруп атышат. Ишенимден да ажырап атышат. Эгерде булар фактыны так берип, өзүнө көбүрөөк ишеним туудура турган болсо, эл ошону көбүрөөк окумак.

Экинчиден, кыргыз тилдүү басылмалар азырынча улуттун эмес, кайсы бир саясий топтордун, күчтөрдүн куралы болуп атат. Бизде жалпы улуттук, жалпы жарандык маселелерди көтөрүп чыга турган, ошого багытталган басылмалар дээрлик жокко эсе. Бизде басылмалар көбүнчө көз карашы жагынан эмес, өзүлөрүнүн аркасында турган саясатчылардын же саясий күчтөрдүн ким экенине жараша бөлүнүп атышат. Чындап келгенде, кайсы басылма болбосун, кайсы маалымат каражаттары болбосун ал жарандык коомдун кызыкчылыгын коргой турган каражатка айланышы керек болчу. Жарандык коом дегенде биз кеңири түшүнүшүбүз керек, жалпы кыргыз элинин деп. Эми ал бара-бара түзүлүп кете турган нерсе деп ойлойм. Бара-бара өздөрү деле буга көңүл бөлүп, чечет деген ишеним бар.

“Азаттык”: Рахмат.

К.Өмүралиев: Июнь коогасына жоопкер бийлик адамдарына укуктук чара керек

Былтыр июнь айында орун алган коогалаңды иликтеген Улуттук комиссия Убактылуу өкмөттөгү айрым жооптуу кызматта турган адамдарды саясий жоопкерчилиги бар деп атоодо. “Кыргыз парламентарийлери коррупцияга каршы” уюмунун жетекчиси Кубанычбек Өмүралиев бул боюнча “Азаттыктын” суроолоруна жооп берди.

“Азаттык”: Июнь коогасын иликтеген Улуттук комиссия жыйынтыгын чыгарды. Жогорку Кеңеш да бул комиссиянын отчетун уккан атат. Бул комиссиянын корутундусунда, Убактылуу өкмөттө күч түзүмдөрүн башкарып турган адамдардын ысымдары аталып жүрөт. Аларды мамлекеттик кызматка албоо тууралуу да сунуштары бар экен. Саясий жоопкерчилик маселеси коюлгандан кийин логикага ылайык укуктук жоопкерчилик да каралышы керектей. Жөн гана жоопкерчиликтүү деп айтып коюп, укуктук жаза колдонулбаса боло береби? Кандай дейсиз?

Кубанычбек Өмүралиев: 1990-жылдардагы окуя, андан кийин Аксы. Кийинкиси былтыр июнда болуп өткөн коогага эң биринчи укуктук баа берилиши керек. Сөзсүз түрдө саясий баа дегени өзүнчө. Бул комиссиянын жыйынтыгы боюнча саясий жоопкерчилик айтылды да эми. Бирок укуктук баа берилиши керек. Эми бул комиссия өзү укуктук баа бере албайт. Булар ошентип саясий гана баа бериши керек эле. Ушундай болуп эле 90-жылдары дагы аягы бүтпөй калган. Биз билебиз, ал кезде да саясий баа берилип, ошол кездеги өлкө жетекчилери, республикадагы компартиянын жетекчилери, Ош облусунун, шаарынын башчылары деп айтылган, бирок ошол боюнча калып калган. Ары жагы ачык-айкын болбой калган.

Эми ал кездегиси түшүнүктүү, коом да, система да башка эле. Бирок азыр коомчулук үчүн, өзүбүздүн мамлекет үчүн, кийинки келечек үчүн баары бир укуктук баа биринчи кезекте болуш керек.

Мен азыр былтыр бийликте турган Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрүн күнөөлөгөндөн алысмын. Комиссия айтпадыбы, урушту кимдер баштаган, анын саясий башында диаспора башчылар турган, аны бийликте тургандар токтото турбай калган деген сөздөрдү. Ал жерде криминалдык топтор аралашкан деген сөздөр айтылды. Ушунун баары толук изилденип, ачык айтылмайын мындан жыйынтык чыгара албайбыз. Ошентип эң коркунучтуусу ушундай аракеттер көрүлбөсө мындай окуялар кайра кайталанышы мүмкүн.

“Азаттык”: Сиз айтмакчы 1990-жылдагы коогадан кийин легендарлуу парламент деле айрым адамдардын жоопкерчилиги боюнча саясий баа берген экен. Кийин ошол эле адамдар чоң кызматтарда жүргөнү айтылат. Кийин Аксы окуясында да жоопкер делип жүргөн адамдар кийин кайра эле чоң кызматтарда жүрүштү. Эмнеге ушундай окуялардын укуктук жагы каралбай келет? Саясий баа берилет, укуктук чаралар токтоп калат?

К.Өмүралиев: Эми мунун бир гана себеби бар. Анын себеби, биздин өзүбүздүн бийлик системасынын башынан ылдый карай чиригени деп койсо болот. Анткени бизде үч-төрт бийлик бутагы бар делгени менен иш жүзүндө баары бир кишиден көз каранды болуп келген. Мурдагы эки президенттин тушунда дал ошол кишилерден көз каранды болчу. Бирок азыр абал такыр башка да. Азыр саясий түзүлүш, система өзгөрдү. Эми бул канчалык иш жүзүндө иштеп кетет башка кеп. Убакыт көрсөтөт. Ошондуктан бул окуяларга сөзсүз түрдө укуктук баа берип калыш керек.

Мурда болсо саясий баа берилип эле, кайра ич ара сүйлөшүүлөрдөн кийин эле жабылып келген да. Биз билебиз, 90-жылдардагы Ош окуясына түздөн-түз күнөөлүү деген облустагы, шаардагы жетекчилер кийин кызматтарынан көтөрүлүп, ар кыл кызматтарда иштеп келген. Сот системасыбы, прокуратурабы, баары саясий буюртмаларды аткарып калган. Ошонун негизинде эле токтоп калып келген. Бирок мен азыр убакыт келди го дейм, укуктук баа берип, терең изилдеп чыгууга.

“Азаттык”: Азыркы бийлик түзүлүшүндө тең салмактуулук кайсы бир деңгээлде сакталган. Оппозиция да күчтүү, маалымат каражаттары да эркин болуп турат. Маселен эл аралык практикада саясий жоопкерчилик тагылгандан кийин, аркасынан укуктук чаралар көрүлөрүн билебиз. Ушундай абалдан пайдаланып укуктук чараларды көрүү мүмкүнчүлүгү пайдаланылабы?

К.Өмүралиев: Эгер укуктук бааны укук органдары, ошону тескеген укук органдары бербесе, азыр эми коом башка, баарыбир коом тынч жаткырбайт го. Мына азыр өзүңөр баштап КТРК, гезиттер баары эле эркин болуп калды. Эң негизгиси жанагы шейит кеткендердин арбагы тынч жаткырбайт да.

Эми Улуттук комиссия саясий баа бергенден кийин, башка баалар берилип аткандан кийин ошол кезде бийликте тургандар өзүлөрү түшүнсө өздөрү эле отставкага кетип калат дүйнөлүк практикада. Жумуштан алгыча эле өздөрү кетет. Менин оюмча биздин чоң чиновниктер акырындап ушундай маданиятка үйрөнөт го деп ойлойм. Өздөрү сезип, анча-мынча жоопкерчиликти өздөрү мойнуна алып, кечирим сурап, өздөрү жумуштан кетүү деген болот. Анан сөзсүз эле “сен күнөөлүсүң” деп көзүнө сайып көрсөтүп, сөзсүз эле “жумуштан кет” деп кубалатпай өздөрү кетчү маданиятка жетебиз деп ишенем. Ошентсе да баары бир терең изилденип, укуктук баа берүү керек.

“Азаттык”: Рахмат.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG