Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
ишемби, 18-январь, 2020 Бишкек убактысы 10:14

Борбор Азия

Разаков: Жикчилдик бүтүндөй Борбор Азия үчүн коркунучтуу

Талант Разаков, коопсуздук кызматынын полковниги

Токсонунчу жылдагы Ош жана Өзгөн окуяларын чагылдырган “Ош коогалаңы” деген аталыштагы китеп толукталып кайра басылып чыкты.

Бул басылманын автору, коопсуздук кызматынын полковниги Талант Разаковдун айтымында, китепке мурда жарыяланбаган жана жашыруун деген белги менен сакталган мамлекеттик коопсуздук комитетинин, тергөө жана жана сот органдарынын документтери киргизилген.

Жикчилдиктин “үрөнү

- Талант мырза, жаңыдан басылып чыккан “Ош коогалаңы” деген китебиңиздин негизги өзөгүн эмнелер түзөт?

- Менин бул китебимдин негизги өзөгүндө токсонунчу жылдагы Ош жана Өзгөн окуялары документтер аркылуу берилди. Биз мына ошол мезгилде коопсуздук органынын кызматкери катары 4-июнда окуя от алган күндөн баштап, Ошто жана Өзгөндө болуп, кырдаалды жөнгө салуу боюнча өзүбүздүн ыкчам аракеттерибизди жүргүзгөн болчубуз. Ошол учурдагы курч жагдай элибиздин тагдыры, мамлекетибиздин келечеги тууралуу ар бирибизди катуу ойлонткон. Мына ошондо бул окуянын чыныгы себептери эмнеде экендигин ачып, ак-кара деп чындыкты жазып чыгарсам деген ойго келген элем. Ошону ишке ашырып 1993-жылы ал окуяны кыскача вариантта чагылдырган китепче чыгаргам. Былтыр мына ошол окуяларга жыйырма жыл болуп калды. Мына ушуга байланыштуу ошол коогалаң экинчи кайталанбасын деген ниетте кененирээк толуктоо менен китепти даярдап жаткан учурда кайрадан кандуу кагылыш орун алды. Буга байланыштуу даяр болуп калган бул китепти былтыр басып чыгарууга мүмкүн болгон жок. Бирок эки окуяда тең эле кыргызы болобу, же өзбеги болобу бирине-бири каршы чыгып тирешкидей, же болбосо нааразы боло тургандай чоң себеп жок болчу. Бирок мына ошол токсонунчу жылы себилип калган жикчилдиктин (сепаратизмдин) жаман үрөнү мына ошол былтыр өлкөбүз олку-солку болуп турган учурда кайрадан баш көтөрдү. Кандуу жол менен бийлик алмашуу болуп, өлкөдө туруксуздук болуп тургандан пайдаланган күчтөр кырдаалдан пайдаланып калууга барышты.

- Китептин кеңейтилген вариантында кандай кошумча-алымчалар болду?

- Негизинен мазмуну жагынан чоң деле өзгөрүү болгон жок. Болгону китепти ошол учурда жарыяланбаган документтер менен байыттым. Мурда эми ал документтердин көпчүлүгү жашыруун деген атайын белги менен сакталып, аны жарыялоого мыйзам жол берген эмес. Мында негизинен ошол окуялардын өнүгүшү, ага түрткү болгон жагдайлар жана фактылар боюнча билдирмелер жана маалыматтар топтому киргизилген. Ошондой эле мына ошол окуялардан кийинки иликтеп-тергөө иштери кандай жүргүзүлгөндүгүн тастыктаган документтер берилди. Мен мисал үчүн өзүмдүн оюмду айтып, аны коомчулукка таңууласам, ал албетте бир адамдын ою катары бир жактуу болуп калышы мүмкүн. Мына ошондуктан мен мындай усулдан качып, окуяны документтердин негизинде гана берип, талдаганга аракет кылдым.

Мында өзбек, кыргыз, орус дебестен окуялардын түздөн-түз күбөлөрүнүн ошол учурдагы борбордук органдарга берген көрсөтмөлөрү кошо камтылды. Анан ошол кездеги мамлекеттик коопсуздук органдарынын окуяга байланыштуу документтери киргизилди. Мындан сырткары сот органдарынын жанагы окуяларга катышы бар деп камалгандар боюнча маалыматтарды чагылдырган документтери бар. Мына ошол окуяларга катышы бар деп камалгандардын улуттук катышы, кылмыштын түрлөрү жана аларга карата чыгарылган сот өкүмдөрү кандайча болгондугу кашкайып көрүнүп турат. Бул дагы өзүнчө талдоо кылууга негиз бере турган чоң эмгек.

Мен өзүм эле бул жерде бир бүтүм чыгарып койойун деген оюм жок. Бул окуяны кийин иликтей турган окмуштуулар үчүн бул китеп чоң табылга болушу мүмкүн. Маселен бул жерде мына ошол окуялардын чыгышына түрткү берген расмий каттар бар. Ошол учурда өзбек тектүү аксакалдар тарабынан СССРдин Борбордук бийлигине жана Кыргызстандын жетекчилигине Ошко улуттук автономияны талап кылган кайрылуу жөнөтүлгөн. Мына ошол кезде ошол кайрылууга бийлик тарабынан эч кандай ынандырарлык жооп болгон эмес. Ага реакция жасашпай эми бул жөн эле боло бере турган нерсе катары кайдыгер мамиле кылып коюшкан. Анын аягы барып, чыңалууга алып келди. Мына ошол катка акыл-эс менен жооп бериштин ордуна Кыргызстандын бийлиги аны башка республиканын жетекчилигине жөнөтүп, өзүнүн алсыздыгын көрсөткөн. Мына ушул эки жагдайда тең өлкөнүн саясий жетекчилигинин кырдаалга туура баа берип, аңдай албагандыгынын айынан кан төгүлүп кетти.

Үчүнчү күчтөрдүн “үлүшү”

Улуттук автономия сурап кайрылган ошол катта кандай негиздемелер көрсөтүлгөн эле?

- Бул жерде өтө коркунучтуу нерсе көрсөтүлгөн. Эгерде андагы талаптар колдоого алынып, козголо турган болсо, анда Орто Азияда эч качан тынчтык болбойт. Кайрылуунун авторлорунун ою боюнча 1924-жылы жана андан кийинки жылдарда Фергана өрөөнүндө чек ара маселеси туура эмес бөлүнүп калган имиш. Мына ошол кемчилдикти оңдоо үчүн Ошто өзбек автономиясын түзүүнүн зарылдыгы айтылган. Мына ушул маселе коюла турган болсо, бул жерде бүтүндөй Борбор Азия аймагы үчүн опурталдуу өтө курч маселе жатат. Аймактагы бардык беш республика тең көп улуттуу. Аны унутпашыбыз керек. Бүгүн Кыргызстанда бул маселе көтөрүлсө, эртең ал башка кошуна республикада чыгып калышы мүмкүн. Мына ошону эңсегендер, от чыгаргысы келгендер өзүнүн улутунун патриоттору эмес. Алар бүтүндөй Орто Азия элдеринин душмандары. Анткени бир эле мамлекеттин ичинде жикчилдикке жол берип, бөлүп-жара турган болсо, ошондой эле көрүнүш башкаларында да башталышы турган иш.

Ал жактагы улуттук азчылыктар дагы айтып чыгышат “тигил жактагылар бөлүнүп чыгышты, бизге дагы автономия керек” деген таризде талап коюлбайт деп ким кепилдик бере алат. Мындай нерселердин аягы барып бүтүндөй бир аймакты согуш отуна киришине кириптер кылышы ыктымал. Мына ошондуктан мындай коркунучтуу идея менен биргеликте күрөшүшүбүз керек. Бизде бөлүнүүгө негиз жок. Тилибиз бир, динибиз окшош. Мына азыр канча жылдап согушуп, бирин-бири кырып келген Европа элдери биригишип, бирдиктүү акча жүгүртүүгө баш байлашты. Биз аларга караганда бир кыйла жакын элдерден эмеспизби. Биз бирдиктүү болуп, тынчтыкта жашасак гана өнүгө тургандыгыбызга ишенишибиз керек. Биз бири-бирибизди жамандап, бири-бирибизге душман катары мамиле жасагандан эч ким утпайт. Бул сырттагыларга гана керек.

- Ошол токсонунчу жылдары жикчилдик идеясы менен чыгышкан адамдардын артында кандайдыр бир күчтөр болгонбу же бул алардын жөн эле өздөрүнүн демилгеси беле?

- Албетте биздин ошол учурдагы ыкчам-иликтөө маалыматтарыбыз боюнча, алардын артында күүлөгөн, дем берип турган жана уюштурган чоң күчтөр болгон. Биз мындай жагдайда биринчи кезекте кайсыл чет элдик атайын кызматтар иштеп жаткандыгын аныктаганга аракет кылабыз. Анан алардын буюртмаларын кимдер аткарып жаткандыгын жана аларды байланыштыруучу түйүндөр тууралуу билүүгө милдетүүбүз. Мына ошол токсонунчу жылы дагы, эки миң онунчу жылы дагы айрым бир ири державалардын атайын кызматтарынын жикчил күчтөрдү тымызын уюштурушуп, аларды багыттап, көкүтүп жана колдоого алышкан аракеттери болду. Бирок алардын түпкү максаттары башка болгон.

Жиби жок жикчилдик же жоопсуз жоосун

- Өткөн жылкы июнь окуялары боюнча шектелип, издөө жарыяланган Жогорку Кеңештин экс-депутаты Кадыржан Батыров “автономия маселеси көтөрүлгөн эмес, биз уюштурган митингдерде жикчил маанай болгон эмес. Мунун баары Кыргызстандын саясатчылары ойлоп тапкан жомок” деген сыяктуу интернет аркылуу билдирүү жасаган эле. Буга кандай дейсиз?

- Кадыржан Батыровдун ошол айткан сөзүнө жооп катары анын Жалал-Абаддагы митингде “биз бул күндү жыйырма жыл бою күткөнбүз” деп айткан өзүнүн сөзүн мисалга келтирейин. Мына жөнөкөй эле логикага салып караганда ошол токсонунчу жылдагы окуялардан кийин жыйырма жыл өтүп жатпайбы. Муну менен ал жыйырма жыл мурун дагы эмнени күткөндүгүн айткысы келген экен. Анын бул сөзү жергиликтүү телеканалдар аркылуу да берилип, анын тасмасы сакталуу турат.

Мындан сырткары депутат кезинде өзбек тилине мамлекеттик макам ыйгаруу демилгеси менен чыккандыгы жана кечээги эле убактылуу өкмөттөн кадр маселесинде отуз пайыз талап кылгандыгы белгилүү болбодубу. Эми анан чет өлкөгө качып кетип, суудан таза болуп көрүнгүсү келип жаткандыгы күйгүзөт. Анын ишмердүүлүгүнө байланыштуу мындан башка дагы документтер бар. Кыргызстандын бийлиги Батыровго дагы жумшактык кылып жатат. Бизде кылмыш кодексине жанагы жикчилдик боюнча беренени киргизип туруп, башка өлкөлөрдө кандай жаза чарасын колдонушса ошондой кылышыбыз зарыл. Бейкүнөө өзбеги дагы, кыргызы дагы өлүп кетти. Эгерде бизде ошондой берене болгондо, жикчилдик идеяларды таркатып, иш алып жүргөн адамдарга убагында чара көрүлгөндө кандуу окуялар болмок эмес.

- Кийинки учурларда жергиликтүү жана эл аралык талдоочулар
90-жылдагы Ош окуяларына саясий жана укуктук баа берилбей калгандыктан улам, жыйырма жылдан соң кайра кайталанды деген пикирлерди айтып келишет. Бул маселеге кандай карайсыз?


- Чындыгында эле мына ошол окуянын тамыры каякта жаткандыгын иликтеп-жиликтеп туруп, анан ага баа беришибиз керек болчу. Бирок бизде эми бул бара-бара бүтүп кетет деген ишеним менен эч кандай аракеттер болгон жок. Биз ошол кезде улуттук автономияны сурап, коюлган талаптын негизинде окуянын түпкү себептеринин бири катары улутчул-жикчил топтордун аракеттерине баа беришибиз керек болчу. Бирок тилекке каршы андай болгон эмес. "Ооруну жашырсаң өлүм ашкере кылат" дегендей биз анын тамырын өз учурунда кыркышыбыз эле.

СССР кыйрабаса, манкурттар пайда болмокпу?

СССРдин президенти жана КПСС БКнын башкатчысы М. Горбачев Минск шаарындагы кездешүүдө. 26-февраль, 1991-жыл.

СССРдин кыйрашына килейген мамлекет ыдырап кеткенден жыйырма жылдан кийин да кыргызстандыктардын берген баасы ар түрдүү.

"Чоң саясий алаамат"

Улуттук статистика комитетинин төрага орун басары Жанбулат Байжуманов 291 миллион калктуу өлкөнүн кыйрашы Кыргызстандын эл чарбасы өтө катуу бүлүнткөнүн, 1990-жылдын деңгээлине өлкөнүн ички

1985-жылга чейин Бишкек шаарындагы 73 мектептин ичинде бир гана кыргыз мектеп болсо, 196 бала бакчанын баары орус тилинде болгон.

дүң жыйымы жыйырма жылдан соң гана чыкканын айтат. Ушундан келип, “Эмгек сиңирген экономист” Байжуманов СССРдин ыдырашын Россиянын мурдакы президенти Владимир Путин катары "чоң саясий алаамат" деп мүнөздөйт:

- СССРдин бүлүнүүсү жөнүндө кеп кылганда, мен Россиянын мурдакы президенти Владимир Путиндин “СССРдин кыйрашы XX кылымдагы эң чоң геосаясый катастрофа” деген сөзүнө шилтеме жасайт элем. Мен мындай пикирге толук кошулам. Себеби, Советтер Союзу ал кезде бир бүтүн саясый-экономикалык организм болчу. Анын кыйроосунун кесепети алиге чейин сезилүүдө. Бир гана фактыга токтолоюн. Бул, экономикалык жактан алганда, Кыргызстан үчүн өтө катуу сокку болду. Өлкө экономикасы 1990-жылдын деңгээлине араңдан зорго 2009-жылы гана чыкты.

Кеңеш доорунда Кыргызстан бирдиктүү экономикалык мейкиндикте өнүгүп, Москва түшүргөн өндүрүштүк пландарды аткарган. СССР ыдырап, завод-фабрикалар арасында узак жылдар калыптанган байланыш үзүлгөндөн кийин жергиликтүү ишканалардын товарлары базар көтөрбөй, өндүрүштү токтотууга аргасыз болду. Бүгүн да Байжумановдун сөзүнчө, өнөр жай ишканаларынын 30 процентке жакыны толук кубаттуу иштебей турат. Натыйжада, Кыргызстан тейлөөгө жана айыл чарбасына ыктаган өлкөгө айланды.

Энергетика катуу аксады

Мурдакы профсоюздук, чарбалык жана партиялык кызматкер, Жогорку Кеңештин үч чакырылышында депутат болгон Мукан Алыкулов Кыргызстан Москвадан күнкорсуз болуп, өз көйгөйүн өзү чечкен мамлекет болгондон тарта саясый жактан коңшу өлкөлөргө караганда алда кайда алга кетти деген ишенимде:

Мурун биздин Кыргызстан советтик республикалардын курамында эчтеке чечпей, бардык маселелерди Москва чечет эле. Албетте, эгемендик алгандан бери саясый жагынан алдыга жылдык.

Бирок чарбагер-энергетик Мукан Алыкулов СССРдин кыйрашы экономикага, айрыкча, энергетика тармагын катуу аксатканын айтат:

- Советтер Союзунун жок болгону Кыргызстандын энергетика тармагынын өнүгүүсү үчүн бир кыйла тоскоолдук алып келди. Эгер союз болсо, “Камбар-Ата-1” жана “Камбар-Ата-2” ГЭСтери эбак курулуп, бизден Пакистан жана Индияга 1150 киловольттук линиялар тартылып, аларга электр кубатын сатат элек. СССР тура турса, план боюнча 2000-2002-жылдары ушул эки ГЭС курулуп бүтмөк. Бул биз үчүн чоң жоготуу болду. Бирок союз бузулуп, эгемендик алганыбыз жакшы болбодубу.

Бишкектик ишкер Нүргүл Малабаева да СССРдин кыйраганы кыргыздардын өзүнчө күнкорсуз эл болуп түптөлүүсү үчүн абдан жакшы болду дейт. Анткени, кеңеш бийлиги дагы 30 жылдай сакталып турса, коммунисттик идеология кыргыздарды теги жок, өз тарыхын жана насил-наркын билбеген манкурт кылып тарбиялап салышы мүмкүн эле деп кооптонот ишкер айым:

- СССРдин кыйраганы абдан жакшы болду да. Эгер СССР дагы 20-30 жыл тирүү турса, анда кыргыз деген атыбыз жок калмак. Менин оюмча, Советтер Союзунун идеологиясы акылдан ойлоп табылган жасалма идеология болчу. Эксперимент жүргүзүлүп жаткан. Анын аягында кандай адам чыгары али билине элек болчу. Ошол эксперимент туура эмес жүргүзүлүп, аягында манкурттар пайда болсо, биз, кыргыз эли эмне болот элек?..

Акыйкаттыктын жеңиши

Азыр Кошмо Штаттарда жашаган теги кыргыз Анара Бекишева болсо СССРдин кыйроосун тарыхый акыйкаттыктын жеңиши деп билет. Ал 1980-жылдардын экинчи жарымында Киевде окуп жүрүп, эфиопиялык жигитке күйөөгө чыгып, Африкага кетет. Анара айым Советтер союзу жалаң калпка таянган системаны курган деп, өзү башынан өткөргөн мына бул окуяны мисал ирети айтып берди:

- Мен Советтер Союзунун кулашын тил, маданият жана тарых менен байланыштырам. Мен ал кезде Эфиопияда жашачумун. Ошондуктан, Советтер Союзу өлкө эли билгенден такыр башка экенин билчүмүн. Себеби, мен СССРден кетип жатканда, Киев шаарынын чет элдиктерге виза берип, каттоочу бөлүмү-ОВИР менен институтту бүткөнүмдү тастыктаган дипломумуду алып калышты жана аны Адес-Абебадагы СССРдин элчилигинен аласын деп айтышты. Адис-Абебага келер замат СССРдин элчилигине барсам, консул мага: "Сизди балким жумушка да орнотушубуз керектир? Балким Сизге квартира дагы беришибиз керектир? Эмне деп дөөдүрөп жатасыз. Каяктагы дипломду айтасыз? Сиздин дипломуңузду Эфиопияга эч ким жөнөткөн жок, ”- дебедиби... СССРде баары калп экенине мына ушул кичине мисал менин көзүмдү ачты. Советтик чиновниктин мына минтип эркин жана жоопкерчиликсиз сүйлөгөнү менин жан дүйнөмдү өзгөрттү. Бул мен үчүн өтө жаман сокку болду. Себеби, мен биздин өлкөбүз укумуш деп ишенчүмүн.

Ошентип, Анара Бекишева Киевдеги Педагогикалык институттун филология факультетин бүтүп, жаңы мекени Эфиопияга баргандан кийин советтик чиновниктердин, системанын эки жүздүүлүгүнө көзү ачылат.

Тил, маданият, тарых демекчи, бишкектик ишкер айым Нүргүл Малабаева совет өкмөтүн оторчул саясат жүргүзгөн падышалык Россиянын туундусу деп түшүнөт жана Россия Кыргызстанды басып алып, кыргыз элинин рухун жок кылды деген көз карашта:

-Менин оюм боюнча, орустар келбегенде кыргыздар руханий жактан азыркыдан бай болушмак. Орустар келип, совет өкмөтү келип, элибиздин рухун талкалап салды болуш керек. Кыргыздардын руху мурда (Россия басып алганга чейин) бийик болчу.

Ал эми Совет бийлиги бүгүнкү Кыргызстандын өзүнчө территорияга бөлүнүп, түптөлүшүнө башат салган; эгер 1917-жылы большевиктер жеңип, совет өкмөтү түзүлбөсө, кыргыздар эгемендүү болуп, өзүнчө түтүн булата албай калышы мүмкүн эле деген пикирге Нүргүл Малабаева кошулбайт. Ал большевиктик ынкылапка чейин кыргыздар түгүл коңшулаш казактар, өзбектер, тажиктер менен түркмөндер деле өз алдынча бир мамлекет болбогонун, а кыргыз эли жүздөгөн жылдар бою мамлекети болбсо да жоголбой жашап келгенин айтат:

- Кыргыздар кичинекей эл болсо деле, миңдеген жылдар жоголбой-этпей эле жашап келишкен да. Бардык эле эле элдер мамлекет-мамлекет болуп, кийин эле калыптанбадыбы.

Маңкурттукка карай...

Манкурт демекчи, акыркы жыйырма жылда Америкада жашап жаткан Анара Бекишева да бишкектик Нүргүл Малабаева сыяктуу эле Советтер Союзунда үстөмдүк кылган коммунисттик идеология кыргыздарды тегин билбеген дөдөй-манкурт кылып тарбиялап жаткан деген терең ишеничте. Андай манкурт экенимди кийин билип отурбаймынбы деп өксүйүт АКШ жараны Бекишева:

- Мен Эфиопияга барып, тил жана маданият адам үчүн баарынан маанилүү экенин түшүндүм. Тили жана маданияты жок сен нөл, эч ким эмес экениңди түшүндүм. Мен өзүмдөн “Мен киммин? Мен кайсы тилде сүйлөйм?” деп сурадым. “Эмне мен орус маданияты менен сыймыктанамбы?” деп сурадым. Мени тааныбай чанган орус маданияты менен сыймыктанмбы? Ырас, менин орус досторум көп, орусча ойлоном. Мен кыргыз эмесмин. Мен эмне үчүн өз элимдин маданияты менен сыймыктанбайм. Ошондо мен Чынгыз Айтматов бизди манкурттарбыз деп жатканын түшүндүм. Бул икая биз жөнүндө экен. Себеби, бизди жарым адам кылып өстүрүптүр. Бул Советтер Союзунун эле күнөөсү эмес. Көрсө, биз улут катары өтө алсыз экенбиз.

Бишкекте туулуп чоңойгон Анара Бекишеванын муунунун эне тилин билбей калышына Москвага катар ошол кездеги Кыргыз жетекчилиги да жооптуу. Себеби, 1985-жылга чейин Бишкек шаарындагы 73 мектептин ичинде бир гана кыргыз мектеп болсо, 196 бала бакчанын баары орус тилинде болгон. Мунун өзү кыргыз балдардын тилинин бурук кылып, өз эне тилин акырындап унутуусуна өбөлгө түзгөн. Көңүл бурчу дагы бир жагдай, кыргыз мектептеринде 4, 3 миң кыргыз тил жана адабият мугалими, 6 миң орус тил жана адабият мугалими болгон. Ал эми жогорку окуу жайларда кыргыз тил жана адабияты, ошондой журналистика адистиги гана кыргызча окутулуп, калган бардык адистиктер орус тилинде окутулган. Атайын орто окуу жайлардын баарында сабак орусча өтүлгөн. Мындай жагдайда ата-энелер балдарын кыргыз тилинде окутууга кызыгышкан эмес.

Кавказ жана Балтия республикаларында абал тескерисинче болгон.

Ишеним эркиндиги

Кыргызстандын мурдакы муфтийи Кимсанбай ажы Абдрахманов болсо СССРдин кыйрашы мусулман элдерине, анын ичинде кыргыздарга ишеним эркиндигин бергенин эң чоң жетишкендик деп эсептейт:

- Кыргыз эли, бир эле кыргыздар эмес СССРдеги кудайга ишенген жана кудай деген бардык элдер Советтер Союзунун кыйрашы менен эркиндик колуна тийип, диний ишенимин жана ибадаттарын ачыктан ачык аткара турган болушту. Баарыбыз сүйүнүп кубандык. СССРдин кыйрап калганына баарыбыз кубанып, Горбачевго жакшы иш кылды деп, чоң ырахматыбызды айтып, колдодук. СССР бүлүнүп кеткенден кийин кыргыздар тарыхый инсандарын, Манастай ата-бабаларын туу көтөрүп, улуттук насили менен сыймыктана баштады. Советтер Союзунун кыйрап калганына элдин кубанып-сүйүнгөнү мына ушуга байланыштуу, - -деди Кимсанбай ажы Абдрахманов.

Тажикстан кармап кеткен кыргыз жаранын кайтарды

Баткендин чек арадагы Кара-Бак айылынын тургундары Тажикстанга тиешелүү жолду тосууда, 18-апрель.

18-апрелдин кечинде Баткендин Кара-Бак айылынан тажик күч кызматтары бир күн мурда кармап кеткен Расул Бурканов Кыргызстанга кайтарылды.

Ага чейин аталган айылдын жүздөн ашуун тургундары Тажикстандын бир катар айылдарына кеткен жолду бууп, облустук акимчиликтин жанына нараазычылык билдирип чыгышты.

Кармоо Кыргызстандын аймагында болгону аныкталды

17-апрелде тажик күч кызматкерлери Кыргызстандын аймагынан кармап кеткен Расул Бурканов чек арага жакын Кара-Бак айылынын тургуну. Айылдаштары эки күндөн бери жергиликтүү бийликке аны кайтарып берүү талабын коюп келген. Аталган айылдын тургундары Тажикстандын кыргыз айылы аркылуу өткөн автожолун бууп, облустук акимчиликке чейин келип, Расул Буркановду чыгарып берүү талабын коюшкан болчу.
Баткендин чек арадагы Кара-Бак айылынын тургундары Тажикстанга тиешелүү жолду тосууда, 18-апрель

Жергиликтүү күч кызматтарынын сүйлөшүүлөрүнөн кийин Тажикстан тарап Расул Буркановду бошотуп, ал Тажикстандын аймагына мыйзамсыз сымап сатып жүргөн деген шек менен кармалганын айтышкан. Буга чейин анын кайсы өлкөнүн аймагынан кармалганы белгисиз болуп турган эле.

Облустук ички иштер башкармасынын жетекчиси Жеңиш Раззаков тажик тараптын күч кызматтары аны Кыргызстандын аймагына кирип келип кармаганы далилденгенден кийин Расул Буркановду өткөрүп алуу маселеси чечилгенин айтат:

- Тажик Республикасынын ички иштер кызматкерлери Буркановду Кыргызстандын аймагынан алып кеткени аныкталды. Бул аймак Кыргызстанга тийиштүү экенин мамлекеттик каттоо кызматы да, жергиликтүү бийлик да тактады. Биздин сүйлөшүүнүн негизинде тажик кесиптештерибиз Буркановду бошотуп, чек арадан өткөрүп беришти. Экинчи маселе, кармоо боюнча материалын башкы прокуратура аркылуу биздин баш прокуратурага өткөрүп беришсе анан Баткенге келет, ошондон кийин иликтөө иштери жүрөт.

Облустук милициясынын башчысынын маалыматына караганда, сүйлөшүү Кишинёв конвенциясынын жана эки өлкө ортосундагы келишимдердин негизинде жүргөн.

Тажик милициясына карата "адам уурдоо" боюнча иш козголду

Ошол эле учурда Баткен обулстук ички иштер башкармалыгын өкүлү Насыр Таштанов Тажикстандын күч кызматкерлерине карата адам уурдоо боюнча иш козголгонун билдирди:

- Ушул учур боюнча бизде атайын Баткен райондук ички иштер бөлүмүндө адам уурдоо фактысы боюнча кылмыш иши козголду. Биз мунун далилдеш үчүн тийиштүү кагаздарды топтоп, кошуналарга барышыбыз керек. Анан маселе каралат да.

Бошоп келген Расул Буркановдун таякеси Курманбек Сапаров жергиликтүү күч органдарына ыраазчылыгын билдирүү менен келечекте Кара-Бак айылында да чек ара бекетин ачуу жана чек ара сызыгын бекемдөө зарылдыгын белгиледи:

- Эки күндөн бери ушул жигитти бошотуп алыш үчүн эли-журт, милиция кызматкерлери, жергиликтүү акимчиликтер жакшы жардам беришти. Бирок биздин чек арада кооптуу аймакта жашаганыбызды эске алып, чек арачыларды коюп, кошумча аскерлерди бөлүш керектигин суранабыз.

Жергиликтүү тургун антпесе мындай окуялар кайталана бериши мүмкүн деген ойдо.

Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара тилкесинин узундугу 970 чакырымды түзөт. Анын 470 чакырымы азырга чейин тактала элек. Дал ушул такталбаган чек ара тилкесинин көбү Баткен облусунда. Чек араны аныктоо иштери да талаштуу аймактарга келгени жылбай турат.

Казакстанда Ашыктар күнү белгиленди

"Сүйүү" - Австриядагы кыргыз сүрөтчүсү Асатилла Тешебаевдин чыгармасы

Казакстанда бүгүн (15-апрелде) “Сүйүшкөндөр күнү” белгиленди. Бейрасмий майрамдын түпкү маани-максаты жана эмне үчүн ушул күнү белгилениши керектиги тууралуу так маалымат айтылган жок.

Айрымдар муну Батыштын таасирин азайтып, 14-февралда ыйык Валентин күнүн махабаттын күнү катары белгилебей, улуттук күндү ойлоп табуу зарылдыгы болгону менен түшүндүрүшөт.

Дагы бирөөлөр муну жаздын, жаңылануу мезгилинин эң кызыган учуру менен байланыштырышат.

Журналист Таглат Балтабай бул күндү ашыктык күнү катары катары майрамдоо ниети алгачкы жолу 1999-жылы аталганын айтты.

Түштүк Казакстан облусунда 1999-жылы Дархан Миңбай деген киши жаштарды, окуу жайларды жана маалымат каражаттарын чакырып, ушул күндү “Ашыктык күнү” катары белгилейли деген демилге көтөргөн, - дейт ал. - Балким, бул күндү алышканынын себеби – өзүбүздөгү жана Батыштагы башка майрам күндөрүнө туура келип калбасын дешсе керек”.

Батышта 14-февралда ыйык Валентин күнү же сүйүшкөндөрдүн майрамы соңку жылдары постсоветтик аймакта да бейрасмий белгилене баштаган.

Бирок Казакстандын өзүндө ага каршы болгондор да аз эмес.

Жергиликтүү блогчу Айжанкул Мукамбетова:

Мен 14-февралдын оордуна биздин өзүбүзгө тиешелүү, улуттук делген бир күндү тандасак жакшы болмок деген таризде жазгам. Анан бул күн эми жарыялангандан кийин, ыйык Валентин күнүн эмес, дал ушул 15-апрелди белгилейли деп бүгүн блог жаздым”.

Бул күнү атайын ачылган интернет-сайтта акындардын ашыктык ырлары коюлган. Идеянын автору Аршат Орозов майрамды жаштар арасында кеңири жайылтууга лирика жардам берет дейт.

Биз алгач Махабат майрамына карата жаш акындардын арасында конкурс өткөрсөкпү дегенбиз. Бирок кийин анын оордуна интернетте бир сайт ачканды туура көрдүк, - деди “Азаттык” радиосуна. - Азыр эми сайтта акындардын өмүр баяны, чыгармалары киргизилди. Аны адамдар окуп, пикирин жаза алышат, башкаларга да жибере алышат. Махабат деген сезим бар болгондон кийин, аны өзүнчө күн менен белгилегенди туура деп эсептейм. Мен 14-февралды да, 15-апрелди да колдойм”.

Борборазиялыктардан Орусия виза талап кылышы мүмкүн

Федералдык миграция кызматынын өкүлү мигранттардын документин текшерүүдө. Москва, 2011-жылдын 3-марты.

Орусиянын Федералдык миграция кызматы Борбор Азия өлкөлөрү үчүн визасыз каттамды жоюну, же чек араларда паспорттук текшерүүнү күчөтүүнү сунуштоодо.

Бул сунуш кечээ, 13-апрелде Орусиянын мамлекеттик думасында “Борборазиялык регион: стратегиялык кызматташуу жана коопсуздук көйгөйлөрү” деген аталыштагы жабык угууларда көтөрүлдү. Миграция кызматынан тышкары бул демилген баңгизатты көзөмөлдөө боюнча кызмат да колдоп чыкты.

Парламенттик угууларды Орусиянын Мамдумасынын КМШ маселелери боюнча комитети уюштуруп, жабык өткөн талкууга бардык министрликтер, президенттин администарциясынын өкүлдөрү, күч органдары, депутаттар, тышкы иштер министрлиги, атайын кызматтын, бизнестин өкүлдөрү, окумуштуулар катышкан.

Негизги жыйынтыктар - аймактагы коопсуздук, Ооганстан маселеси, террорчулук менен күрөшүү, баңгизат ташууну азайтуу жана Орусиянын бул регион боюнча системалык, бирдиктүү стратегиясын иштеп чыгуу.

Кечээги угууларга катышкан Орусиянын мамлекеттик думасынын депутаты Семен Багдасаров бул демилге Орусиянын улуттук коопсуздугуна байланыштуу деп түшүндүрдү:

- Орусиянын улуттук коопсуздугу эки нерсенин айынан коркунучта: баңгизаттын Тажикистан, Кыргызстан, Өзбекстан аркылуу келиши. Террорчулук коркунучу. Ооганстан менен Тажисктандын чек аралары ачык. Ал жактан түрдүү террорчул топтор Тажикстанга, Кыргызстанга жылып келип атышат. Борбор Азиядагы 5 өлкө менен Орусиянын ортосунда визасыз каттам болгондуктан, алар бизге да кирип атышат. Ошондуктан ушул суроо кабыргансынан коюлду.

Семен Багдасаров виза маселеси жөн жеринен көтөрүлгөбөгөнүн, бул бир нече ай ичи же бир жылда чечилчү маселе экендигин да кошумчалады:

- Бирок мыйзамсыз мигранттардын эсебинен укмуш чоң акча тапкандардын лоббиси да күчтүү. Орусия азыр мигранттардын саны боюнча дүйнөдө экинчи орунда турат. 10 миллиондон ашуу мигрант бар. Алардын көбү Борбор Азиядан. Кыргызстандан 570 миң адам иштейт. Мисалы Кыргызстандын эле Улуттук банкы берген маалымат боюнча, кыргызстандыктар өткөн жылы мекенине 1 миллиард 250 миллион доллар которушкан. Башка жолдор менен канча акча кеткени белгисиз. Тажикстан, Кыргызстан, Өзбекстандын бийликтери да баңгизатты ташууну азайтуу, террорчулук менен күрөшүү боюнча да ойлонушсун.

Ааламдашуу проблемалары боюнча институттун жетекчиси, орусиялык белгилүү саясат таануучу Борис Кагарлицкий бул демилгенин көмүскө себептери бар экенин баса белгилейт:

- Бир нече жылдан бери Орусияда миграциялык саясат жаатында башаламандык сүрүп жатканын баары айтып келе жатышат. Абал чынында эле оор. Ага кошумча улутчулдук маанай күчөп, бул маанай эмгек мигранттарга кедергисин тийгизүүдө. Бирок Кремль өзү ультра-оңчулдарды мобилизациялоо үчүн да эмгек мигранттары менен жамынууда. Бирок репрессиялык чаралар жыйынтыгын бербейт.

Кагарлицкийдин ою боюнча, миграция маселесин позитивдүү ыкма менен чечиш керек эле. Ал белгилеп өткөндөй, бийлик бул ыкма менен Орусиядагы ультра-оңчул маанайды баскысы келип атат. Ал эми визасыз каттамды жою боюнча сунуш кабыл алынып калса, мыйзамсыз миграция азаймак турсун, көбөйөт.

- Миграциялык агымдарды башкаруу азаят. Мызамсыз миграция көбөйөт. Мыйзамсыз мигранттар Орусияда азайып баратты эле. Бирок мигранттардын саны азайышы деле мүмкүн. Балким, бул жакшыдыр. Себеби эмгек мигранттарынын көп болушу орусиялыктардын айлыгына эч таасир бербейт. Оңчулдар мигранттар орусиялыктардын нанын талашып атышат деп калп айтышат. Тескерисинче миграциянын көп болушу мигранттардын аз айлык алышына алып келет. Иш берүүчүлөр да айлык акыны көтөрбөй тура беришет. Мигранттардын өзүнө балким бул жакшы кадамдыр, - деп божомолдойт Кагарлицкий.

Москвада жашаган кыргызстандык Нуржан Абдрахманова Орусияга кирүү үчүн келечекте виза талап кылынышы мүмкүн деген жаңылыкты таң калуу менен кабыл алды:

- Мен бул ой ишке ашат деп ойлобойм. Ал үчүн Кыргызстан менен Орусиянын мамилеси аябай жаман болушу керек. Виза албетте, мигранттардын жашоосун кыйындатат. Аны алууга аз гана адамдын чамасы жетет. Европага же Кытайга барып иштеш үчүн тил билиш керек. Билбейм, кандай болот. Анын үстүнө Кыргызстандын, Казакстандын, Белоруссиянын жарандары үчун Орусияда жеңилдиктер бар эмеспи. Ал келишимдер эмне болот анда?

Чынында эле Орусия бийлиги виза киргизүү боюнча чечимди кабыл алган күндө деле, кыргызстандыктарга бул кандай таасир этээрин айтуу кыйын. Себеби ушул жуманын башында кыргыз өкмөтү Бажы биримдигине кирээрин айткан.

Тажикстан: Google мууну өзгөрүүнү каалайт

Тажикстандагы алгачкы флэш-моб акциясынан, 8-апрель, 2011

Учурда арап дүйнөсүн дүрбөлөңгө салган демонстрациялар непада Борбор Азияга жайылса, эң оболу демократиялык реформаларды талап кылган мындай толкун Тажикстанда башталмак. Жергиликтүү саясий аналитиктер менен журналисттер ушундай дешет.

“Арап өлкөлөрүндөгүдөй элдик толкундоолор Борбор Азияда да тутанып кетээри анык” деген өңдүү комментарийлер жаңыра баштады. Алардын көпчүлүгүндө нааразылык акциялары Тажикстандан башталышы мүмкүн экени айтылат.

Азырынча расмий Душанбе элдин кыжырына тийчү, анчалык толкундоолорго себеп болчу эч нерсе деле жок экенин айтууда. Ошол эле кезде аны кыжаалаттанып жатканынан кабар берген, коомдогу нааразылыктарды убагында тынчытууга аракет кылган кадамдарга барды.

Күтүүсүз акция

Өлкөдө алгачкы флэш-моб акциясы өттү. Аны Facebook социалдык түйүнүнө кирген интернет колдонуучулары уюштурушкан.

Тажикстанда убакыт-сааты менен электр энергиясы өчүрүлүп жатканына кыжыры кайнаган 30дай “фэйсбукчу” 8-апрелде Душанбеде Энергетика боюнча мамлекеттик агенттигинин маңдайына чогулушкан. Алар колдоруна кармап алган плакаттарда өкмөттү коррупция үчүн, тууганчылык үчүн айыптаган билдирүүлөр да бар эле.

Демонстранттардын көпчүлүгү 20 жаштын тегерегиндеги жаштар болчу. Алар жалпы тажикстандыктардын көңүлүндөгүсүн айткандай болушту. Ансыз деле жумушсуздуктан, жарандык укуктардын жоктугунан аксап турган тажикстандыктардын айрымдарынын үйүндө свет күнүнө болгону бир сааттан берилип калган. Расмий статистика жумуриятта жалпы калктын жарымы жакырчылыкта жашай турганын көрсөтөт.

Күтүүсүз акциядан кийин жергиликтүү эркин медиа заматта арап көтөрүлүшүн өкмөттүн эсине салып, “элдин каалоосун эске албасаңар, силерди да ушундай тагдыр күтөт” дегендей эскертүү жасады.

Журналист Ражаб Мирзо азыркыдай интернет доорунун учурунда бийликтер үчүн эл каерде, качан жолугаарын аңдып туруу өтө кыйын болуп калганын айтат.

“Google мууну өзгөрүүлөрдү, өнүгүүнү талап кыла берет”, - дейт журналист. Анын айтымында, интернеттеги Facebook, Twitter социалдык түйүндөрү аларга бири-бири менен байланышта болуп, маалымат алмашууга, аны таратууга жакшы мүмкүнчүлүк берип жатат.

Себептер көп

Араб дүйнөсүндөгү жаштарды көчөгө чыгууга мажбур кылган жагдайлар Борбор Азияда деле чачтан көп. Жаратылыш ресурстарына бай, калкынын көпчүлүк бөлүгүн мусулмандар түзгөн бул региондун дээрлик бүт эле республикалары узак убактан бери кызматтан кетпеген президенттери, демократиялык реформалардын жоктугу, коррупция жана жакырчылык менен белгилүү.

Регион такыр эле элдик толкундоону көрө элек деп айтууга да болбос. Кыргызстанда пост-советтик эки президент тең массалык демонстрациялардын айынан бийликтен кулатылды.

Ташкендеги бийлик өкүлдөрү Өзбекстанда жакын арада андай ыңкылап болбойт деген ишенимде.

“Андай окуяларга алып келчү себеп-жагдайлар Борбор Азияда жок”, - деди өткөн аптада тажик тышкы иштер министри Хамрохзон Зарифи.

Бирок журналист Мирзо: “Убагында ливиялык лидер Муммар Каддафи деле ошенткен болчу, эми карабайсыңарбы анын өлкөсүндө эмне болуп жатканын”, - дейт.

"Жакынкы Чыгышта болуп жаткан окуялар өтө тез башталып кеткен. Эч ким андай болот деп божомолдогон да жок, - дейт журналист. - Тунистеги ыңкылаптан кийин Каддафи же башка лидерлер да андай окуя алардын мамлекетинде кайталанышы мүмкүн экенин билишкен эмес".

Шашылыш чаралар

Тажик бийликтери соңку апталарда реформаларды убада кылып, мунапыс жарыялашты, бир топ өзгөрүүлөр жасалаарына ишендирип жатышат. Муну жергиликтүү маалымат каражаттары өкмөткө карата айтылып жаткан сынды бир аз болсо да жумшартканга көрүлгөн аргасыз амал катары аташууда.

Мурда оппозициянын башында жүргөн эки саясатчы өткөн айда түрмөдөн бошотулушту. Алардын жаза мөөнөтүн бир нече жылга кыскартышкан. Былтыр Тавилдарада өткөн аскерий операциялардан кийин түрмөгө отургузулган ондогон оппозиция өкүлдөрүнүн ишин азыр соттор кайрадан карап жатышат. Президент Рахмондун оордун ээлейт го делинип жаткан уулу Рустам башкаруучу Элдик демократиялык партиядан чыкты.

Бирок бул өзгөрүүлөр элдин нааразылыгын басаңдата алабы?

Көз карандысыз журналист Зафар Суфинин ишениминде, эл азыр конкреттүү проблемаларынын чечилишин талап кылып жатат. “Адамдарды дурус айлык төлөй турган иш менен камсыздаш керек, эл коррупцияга каршы күрөштү каалайт, сөз эркиндигине чабуулду токтотуш лаазым”, - дейт ал.

Ислам: Талак кудайга жагымсыз, адал иш

Австрияда байырлаган кыргыз сүрөтчүсү Асатилла Тешебаевдин жик кеткен үй-бүлө тууралуу 2009-жылы тарткан сүрөтү. "Азаттыктын" архиви. 13.4.2011.

Тажикстандан тыш жактарда эмгектенген эркектердин чөнтөк телефондон СМС кат жөнөтүп же телефондон “талак” айтып, өлкөсүндөгү зайыбы менен ажырашуу аракеттеринин мыйзамдуулугу маселеси чоң талкуунун бутасына айланды.

Ислам дини эрди-зайып чогуу жашай албай калган учурда күйөөсүнүн “талак” берип ажыраашуусуна уруксат берет.

Тажикстандын диний жетекчилиги бул маселени талкуулап, СМС же телефон-талактарга тыйуу салмакчы болууда.

Ал эми Сауд Арабиясы жана Малайзия сыяктуу ислам өлкөлөрүндө электрондук почта аркылуу ажырашуу мыйзам түрүндө таанылган.

СМС кат менен же телефондон талак айтуу илдети

Тажикстандын өкмөтү чет элдик эркектердин тажик аялдарга үйлөнүүсүн татаалдантып жаткан тушта үй-бүлөгө байланыштуу дагы бир проблема чыга келди.

Жаңы жыл алдында Хатлон облусундагы адам укугун коргоочулар 2010-жылы Россияда иштеп жүргөн тажик мигранттардын СМС кат жиберип же телефон чалып, “талак” айтып, никени бузган учурлары көбөйүп баратканына алгач коомчулуктун көңүлүн бурган эле.

Андан бир жыл мурда Рашт районунда жашаган 25 жаштагы келинге Москвада иштеген күйөөсүнөн СМС талак келгени жалпы журтту айраң калтырган.

Шарият боюнча эркек кишиге ажырашуу үчүн жубайына үч ирет “талак” деп айтуу жетиштүү.

Анын жөн-жайын Кыргызстандын Баткен дубанынын казысы Султан ажы Гафуров мындай түшүндүрдү:

- Талакка күбөнүн кереги жок. Эгер эркек киши аялы менен чындап жашагысы келбесе, тоодо жүрөбү, түздө жүрөбү, жанында киши барбы, же жокпу, айтор жөн эле “талак” деп айтчу болсо, же “талак” деген сөз оозунан чыккан болсо, “талак” барып түшө берет.

Аялы жанында болбой, күйөөсү Москвада туруп деле бир досунан: “Мен аялыма бир талак бердим, же эки талак бердим”, - деп айтса, талак ошол Москвада деле түшө берет.

Султан ажы соңку бир жыл ичинде Баткенден тыш жакта иштеген жигиттердин ошол жактан жүрүп эле эки жолу аялдарына талак берген эки-үч окуя болгонун кошумчалады.

Мусулман дүйнөсүн алсак, Малайзияда биринчи жолу электрондук талакты 2003-жылы июлда ислам соту бекиткен. Саудиянын шарият соту үч жыл мурда Иракта казатта жүргөн жигиттин СМС катынын жана нике кыйылганда күбө болгон эки досуна телефондон айткан сөзүнүн негизинде анын аялынын башын бош деп жарыялаган.

Тажик өкмөтү СМС талакка уруш ачты

Ушу тапта Тажик өкмөтү электрондук жол менен ажырашууну тыйганга бел байлады.

Өлкөнүн уламалар кеңеши менен СМС же телефон-талакты тыйуу жагы талкууланганын Диний иштер боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Абдурахим Холиков 11-апрелде маалымдады:

- Биз бул маселени Уламалар Кеңеши менен талкууладык. Үй-бүлөнү телефон аркылуу бузуу шариатка жана мыйзамга каршы келет. Аны тыйган фатваны Уламалар кеңеши талкуулап көрмөк болду.

Сунушка уламалар ынанышабы же жокпу, азырынча белгисиз.

Тажикстанда ажырашуунун көбөйүшүнө өлкөдөгү социалдык жагдай олуттуу өбөлгө болууда.

Ырасмий маалымат боюнча, 2010-жылы Россияга 800 миңден ашуун тажикстандык мардикерлик кылганы кеткен. Алардын дээрлик баары эркектер жана 80 проценти үй-бүлөлүүлөр.

Үй-бүлөдөн алыс жашоо, үйлөнүү мүмкүнчүлүгү жана “талак” деп кат жиберип, нике жибин кесип салуу - мунун баары кээ бир эркектердин жоопкерчилигин жеңилдетип жиберди.

Ооганстан. "Талак!" деген сөздү СМС кат түрүндө уюкфондон жөнөтүү учуру. Hozhaber сүрөтү.
Тажикстанда акыркы кезде ажырашуулар көбөйгөнү байкалат.

Мисалы, ырасмий маалымат боюнча, 2009-жылы 5841 түгөй ажырашса, 2010-жылы 6625 үй-бүлө кыйраган же 13 пайызга өскөн.

Ушундай эле көрүнүш Кыргызстанга да таандык.


Кыргызстандын Улуттук статистика комитетинин маалыматы боюнча, 2010-жылы 8271 эрди-зайып ырасмий түрдө ажырашкан.

Бул 2009-жылга салыштырганда 11 процентке ( 7472), ал эми 2004-жылга салыштырганда 55 пайызга көбөйгөн. 2010-жылы 50 431 нике катталганын айтсак, былтыр орточо ар бир сегизинчи үй-бүлө бузулган.

СМС талак - аялды сыйлабоо

Тажикстан ислам университеттинин ректору Умарали Назарзода телефондон талак берүү аялдардын укугун тепсеп, Конституцияга каршы келгендиктен андай ыкма тыйылууга тийиш деп эсептейт:

- Эркек аялдын колун сурап, чогуу жашаганга чакырат. Ошондуктан, эркек адам үй-бүлө мыйзамына ылайык жана аялды урматтаганын көрсөтүп, анын алдына келип, “талак” деп айтышы керек.

Бишкектеги Ислам университетинин ректору Абдышүкүр ажы Нарматовдун айтышынча, талак Кудайга жагымсыз адал нерсе саналат:

- Талак деген нерсеге Алла таала уруксат берген, адал кылган, башкача айтканда, тыйуу салынбай, уруксат берилген нерселердин арасындагы Аллага өтө жагымсыз адал нерсе.

Үй-бүлө куруу коом алдындагы, жараткан алдындагы чоң жоопкерчилик болгондуктан, ар бир эркек никеге өтө кылдат мамиле жасашы зарыл.

Ошондуктан Абдышүкүр ажынын ишениминде, эри-зайып оту күйүшпөй, айласы түгөп, башка чара калбаган кезде гана ажырашууга барса болот:

- Эркек киши баш кошкон кезде бирөөнүн кызына атасынын белеги катары эмес, Алланын ысмы менен аял кылып алгандан кийин, нике - бул Алла тааланын алдындагы эң чоң жоопкерчилик.

Ошондуктан, нике бузуп, ажырашууну жеңил иш деп санабаш керек. Бул эч айла жок кезде, күйөөсү менен аялы бири-бирин түшүнө албай, алардын чогуу жашоосу мүмкүн болбой калганда барчу иш.

Пайгамбарыбыз өзүнүн хадистеринде бир үй-бүлөдө талак айтылган кезде Алланын арышы титирейт деген. Жер титирейт деген эмес.

Алла таалам, ошондой эле, Кураны керимде “талак кылсаңыз да жакшылык менен ажырашкыла” дегенде, “урушпастан, куда-сөөктөр бири бириңерге душман болбостон ажырашкыла” деген.

Ага чейин да өтө көп аткарылчу жөрөлгөлөр бар. Бирок бүгүнкү күндө көптөгөн инсандар никенин ыйыктыгын билишпей, жоокерчиликсиз кадамдарга барышат.

Кураны керимдин “Бакара” сүрөөсүнүн 229-аяты үй-бүлөнү аял-эркек “жакшылыкта сактоосу же жакшы жол менен ажырашуусу” керек экени айтылат.

Ушундан келип, Малайзиядагы бейөкмөттүк “Мусулман эже-сиңдилер” уюму СМС кат жөнөтүп же телефон чалып, талак айтууну токтотууну сунуш кылышкан.

СМС талактын мыйзамый күчү жок

Постсоветтик өлкөлөрдө, анын ичинде Кыргызстанда мечитке барып нике кыйуу жана “талак” айтып ажырашуу табигый көрүнүшкө айланды.

Бирок жазуучу-драматург Мар Байжиевдин пикиринче, нике мыйзамый күчкө ээ болбогондуктан, молдого барып нике кыйдыруу ар бир инсандын көңүл иши:

- Бул (мечитке барып, нике кыйдыруу) эки адамдын ортосундагы мамилени мүнөздөгөн көрүнүш болуп калбадыбы...

Андай никенин мыйзамый күчү жок. Анткени, бул үй-бүлө куруп жаткан аял-эркектин көңүл иши.

Нике мыйзамдуу болбосо, аял-эркек ЗАГСка барып, ырасмий каттоодон өтпөсө, бул Кудайга ишенгендей эле жөнөкөй иш. Эч бир адам мен Кудайга ишенем деп, документ сурабайт да. Ошон үчүн нике кыйуу көңүлдүн иши да.

СМС кат же телефондон талак айтып ажырашуу экс-советтик Борбор Азия өлкөлөрүндө мыйзамый күчкө ээби?

Кыргыз Республикасынын мурдакы юстиция министри Мукар Чолпонбаевдин айтышынча, электрондук талак берүүнүн мыйзамый күчү жок. Ошон үчүн ажырашууну каалагандар, ак никелерин ырасмий түрдө бузушу шарт.

- Үй-бүлө жана нике жөнүндөгү кодекстер Тажикстанда деле, Кыргызстанда деле, Россияда деле мурунку советтик мыйзамга окшош болуп калган.

Мына ошол Кодексте мамлекеттик каттоодон (ЗАГС) өткөн үй-бүлөнүн жаш же бойго жете элек балдары болсо, ажырашкан учурда кайра эле ЗАГСка барып, ажырашуусу керек деп айтылган.

Жубайлардын жаш балдары болуп, экөөнүн бири эле ажырашканга макулдук бербей койсо, анда алар сөзсүз түрдө сот аркылуу ажырашуусу керек.

Ошондуктан СМС кат жиберип, же телефон аркылуу “үч талак” деп айтып, ажыраштым дегендин юридикалык натыйжасы (күчү) жок
, - деп түшүндүрөт кесипкөй-юрист Мукар Чолпонбаев.

Казакча үйрөнгөн чет элдиктер

Казакча үйрөнгөн чет элдиктер
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:49 0:00
Түз линк

Арабаев: Кызматка алууда коррупцияга жол берилбей калды

Мамлекеттик кызматка кадр тандоо маселеси тууралуу “Азаттыкка” Мамлекеттик кадр кызматынын жетекчиси Чолпонкул Арабаев айтып берди.

“Азаттык”: Чолпонкул мырза, азыркы Кадр кызматы менен Акаев же Бакиев доорундагы кадрдык кызматынан кандай айырмасы бар? Сиздердин Мамлекеттик кызмат боюнча кеңеште жалаң эле мамлекеттик кызматкерлер отурат экен. Мындай болгондо сиздер кайра эле бийликтин көзүн карап калып атпайсыздарбы?

Чолпонкул Арабаев: Ачыгын айтсак, өткөн эки бийликтин ортосундагы менен бүгүнкүнүн асман менен жердей айырмасы болду десе болот. Мунун далили, 2007-2008-2009-жылдарда мамлекеттик кызматка мыйзам бузуу жолуу менен жумушка алынгандар 60 пайыздын тегерегинде болсо, биз муну 2010-жылдын 1-декабрына карата 0,4 пайызга түшүрдүк. Башкача айтканда, бүгүнкү күндө мамлекеттик административдик кызматка алууда, мыйзам бузуу деген токтоду.

Атаандаштык жол менен, сынактын негизинде гана мамлекеттик кызматка кирип, иштеп атышат. Анан конкурс менен жумушка алынгандан кийин сөзсүз түрдө профессионал, өзүнүн кызматын элге сапаттуу, жакшы көрсөткөн адамдар мамлекеттик кызматтарга келе баштады деп айтсак толук туура болот.

“Азаттык”: Конкурс деп айтканыңыз менен сиз айтып аткан Мамлекеттик кызмат боюнча кенеште жалаң эле бийлик өкүлдөрү отурбайбы. Анан кандай өзгөрүү болушу мүмкүн? Муну көз карандысыз кеңеш кылып түзсө болбойт беле?

Арабаев: Сөзсүз түрдө болот. Биз бул маселени да ойлонуп, азыр мыйзамдын жаны долбоорун даярдоонун үстүндө иштеп атабыз. Өзүбүзчө жакшы ойлор бар. Ошол Мамлекеттик кызмат боюнча кеңеште президенттин бир өкүлү, Жогорку Кеңештин эки депутаты, өкмөттүн бир өкүлү, Жогорку Соттун бир өкүлү жана мен бармын. Мен ошол кеңештин төрагасы катары Мамлекеттик кызмат боюнча мыйзамынын негизинде иштеп атабыз.

Бирок сиз айтып аткан абдан туура ой. Коомчулук менен түздөн-түз байланышты күчөтүш үчүн биз сөзсүз түрдө жанагы айтылып аткан мыйзамга ушундай норманы киргизип атабыз, Мамлекеттик кызмат боюнча кеңеште жарандык коомчулуктун өкүлдөрү да болсун деп.

Себеби президенттин 2010-жылдын 29-сентябрындагы атайын жарлыгында, мамлекеттик башкаруу органдары менен жарандык коомдун өз ара кызматташтыгын өркүндөтүү максатында мамлекеттик органдарда коомдук байкоочу кенештер түзүлө баштаган. Бул өз үзүрүн бере баштады. Башкача айтканда, мамлекеттик орган менен коомчулуктун ортосундагы көпүрө болгон – байкоочу кеңеш болуп атат. Абдан жакшы ийгиликтер жарала баштады. Себеби жанагы коррупцияга жакын деген мамлекеттик органдарда ушундай байкоочу кеңештердин иши алдыга жыла баштады.

“Азаттык”: Сиздер мамлекеттик кызмат орундарына кадр тандоодо тестирлөө методдорун колдонуп атасыздар. Кандай кепилдик бар, тестирлөөнү будамайлап, “бармак басты, көз кысты” деген жол менен алдын ала макулдашкан кишилер кызматка келбейт дегенге?

Ч.Арабаев: Эми бул маселеде биз тестирлөөнүн эки түрүн киргизгенбиз. Бирөө жанагы полиграфтык тестирлөө, калпты аныктагыч деп атпайбызбы... Бул да кирди, жаңы башталды. Анан буга чейин 2-3 жылдан бери 15 миңден ашык мамлекеттик кызматкерлерди компьютерлик тестирлөө аркылуу өткөрүп атабыз. Бүгүнкү күндө бирин-экин гана даттануу болбосо, андай даттануулар токтоду. Андан тышкары мамлекеттик жогорку органдар тарабынан, ошолордун жетекчилери тарабынан кийлигишүү деген да болбой калды. Ар бир тестирлөө сайын, конкурстук негизде болгондон кийин, талапкерлер бири-бирин көзөмөлдөп турат.

Андан сырткары ошондой программа түзүлгөн, буга эч ким кийлигише албайт, мүмкүн эмес. Купуялыгы толук сакталат. Ошондуктан мобундай даттануулар болгон жок. Эгерде калыстык болбосо жана өйдө-төмөн болгон жердин баарында жанагыдай даттануулар, арыздар пайда болот да. Калыстык болгон жерде андай арыздар болбойт экен да.

Биз мына тестирлөө борборун Бишкекте эле эмес, филиалдарын аймактарда да ачтык. Мына мен жакында эле Жалал-Абад облусунда болуп, ал жакта да тестирлөө борборун ачып келдим. Компьютердик тестке жанагы сиз айткандай эч ким алдын ала даярдап, өз кишисин өткөрө албайт. Эч кимдин колунан келбейт. Ал эми тесттин суроолорун болсо биз ачык-айкын “Эркин-Тоо” гезитине жана өзүбүздүн сайтка илип койдук. Бул 700дөн ашык жана 1300гө жакын орусча-кыргызча суроолор турат. Ал суроолор конституция, тиешелүү мыйзамдар ж.б. боюнча. Предметтик суроолорду болсо ошол мамлекеттик орган даярдайт.

“Азаттык”: Рахмат.

Исмаилова: Соттор бир тараптуу болушту

Былтыр июнда болгон коогалаң боюнча соттук териштирүүлөрдөгү укуктук маселелер тууралуу “Жарандар коррупцияга каршы” коомдук фондунун жетекчиси Төлөйкан Исмаилова “Азаттыкка” айтып берди.

“Азаттык”: Бир катар укук коргоочулар, кечээ президент менен жолугушуу маалында былтыркы июнь окуялары боюнча кылмыш иштеринде укук бузуулар болуп, айыпталуучулар кыйноого алынып атканын ж.б. маселелерди айттыңыздар. Сиздерде конкреттүү фактылар барбы же башка бирөөлөрдүн сөзүнө таянып атасыздарбы?

Төлөйкан Исмаилова: Эми жабырлануучу же кыйноодо калган адамдардын улуту жок болот. Жалпы кыргыз коомчулугу билет, ошол июнь коогалаңынан кийин көп кылмыш иштер козголгон. 5000 чамалуу кылмыш иши. Ошонун ичинде 138 чакты иш каралды. Анан “соттор кандай иштеп атат?” деген эгемен көз караш менен караганда, тоскоолдуктар өтө көп да.

Биринчиден, бир тараптуу сот чечимдери чыгып атат. Мисалы, 30 киши өмүр бою жазаланып, түрмөгө кесилсе, алардын ичинде 28 башка этностун өкүлдөрү, экөө кыргыз.

Бирок бул статистика да опурталдуу болуп калышы мүмкүн. “Ички соттор кандай болду жана ошол сотко катышкан адамдар тең укуктуу деңгээлде өз укуктарын пайдалана алдыбы?” деген суроо, дагы эле биз мындай деп жооп бергибиз келет: сот бир тараптуу болуп, айыпталып аткан башка этностун өкүлдөрү, алардын күбөлөрү же адвокаттары кысмакка алынды. Сот өтүп аткан жагдай да кейиштүү болду.

Биринчиден, сот процесстери түшүнүксүз болуп атты. Экинчиден, соттор да бир тараптуу болуп, сот процесстерин тең укуктуу жана мыйзам ченеминде алып бара алган жок өкүнүчтүүсү.

“Азаттык”: Сиз айтып аткан укук бузуулар тууралуу сиздерде конкреттүү фактылар барбы? Сиздер кыйноолор тууралуу айтып атпайсыздарбы...

Төлөйкан Исмаилова: Конкреттүү фактылар аябай көп. Анткени мыйзамсыз кармалган адамдар, кыйноодо калгандар, жабык институттарда эч себепсиз кармалгандар, коркутуп-үркүтүүлөр, уурдап кеткен фактылар тууралуу да биз так маалыматтарды берсек, кайта жергиликтүү бийлик менен кызыккан адамдар алардын оозун жаап, коркутуп, бүгүнкү күнгө чейин көп иштер каралбай атат. Ошондуктан президент айым менен кечээки жолугуубуз, бул – стратегиялык маселелерди чечүү, тактап айтканда сот институтун, тергөө органдарын, дегеле күч органдарын реформалоону баштоо болду.

Биз президент менен кандай иштерди биринчи кезекте жасоо керек, кандай иштерди кийинкиге калтырса болот деп, стратегиялык маселелерди талкууладык. Менимиче биздин жолугушуу абдан пайдалуу болду.

“Азаттык”: Төлөйкан айым, дагы бир мындай суроо бербесем болбойт... “Азаттыктын” бир катар угармандары байланышка чыгып, укук коргоочулар бир тараптуу иштеп атканын, бир эле этноско көңүл бурулуп, экинчи тараптын сөздөрүнө, абалына көңүл бурулбай атканын айтып атышат? Сиздер ар тараптуу эле иштеп атасыздарбы?

Төлөйкан Исмаилова: Илим мырза, ал жерде дагы балким туура ойлор бардыр. Биз аны сыйлайбыз. Анткени биз укук коргоочулар көргөнүбүздү, билгенибизди айтабыз. Баарын эле камтый албайбыз да. Ошондуктан биздин туугандар бизге таарынышпасын. Биз үчүн бир гана Кыргызстан бар. Аймакчылдык деген да жок биз үчүн. Биз баарыбыз Кыргызстандын жарандарыбыз. Андыктан укуктук жолго түшүшүбүз керек. Эгер биз ошондой маселелерди көрө албай калсак, сөзсүз түрдө айтышсын.

Биз үчүн этностук өзгөчөлүгү же кайсы аймактан экени дегеле маанилүү эмес. Ким болбосун, эгерде анын укуктары тепселенип атса, биз ага жардам бергенге даярбыз жана кызыкдарбыз. Алар бизге келишсин. Чогуу баарыбыз келечекке карабасак, бул маселе баарыбызга тең терс таасирин берип атат. Ошол себептүү укук коргоочуларда душман да жок, тууган да жок, мыйзам гана бар. Мен суранып кетет эле, сабырдуулук кылып, өлкөдөгү болуп аткан иштердин баарын бирге чечкенге аракет кылуубуз керек.

“Азаттык”: Рахмат.

Жээнбеков: Бир эле мамлекет менен кызматташуу – күнкорлук

Москва шаары

Кыргызстандын биринчи вице-премьер-министри Өмүрбек Бабанов Орусияда иш сапары менен жүрөт. Орусия менен алака тууралуу “Ата Мекен” фракциясынын мүчөсү Равшан Жээнбеков “Азаттыкка” маек курду.

“Азаттык”: Ушул тапта өлкөнүн биринчи вице-премьер-министри Өмүрбек Бабанов Орусияда иш сапары менен жүрөт. Кыргызстан менен Орусиянын ортосунда чоң экономикалык долбоорлор пландалып атат. Ошол эле “Кыргызгаз”, “Дастан” заводун, ГЭСтерди куруу долбоорлорун алалы. Андан тышкары күйүүчү май сыяктуу негизги товарлар негизинен ошол жактан келип атат. Сиздин баамыңызда бир эле өлкө менен экономикалык алаканы кеңейте берүү көз карандылыкка алып келбейби?

Равшан Жээнбеков: Бүгүнкү күнү мамлекетти кыйынчылыктан алып чыга турган эки булак бар. Бул – сөзсүз түрдө биз тышкы жардамдарга таянышыбыз керек. Биз ансыз 1-2 жыл экономиканы көтөрө албайбыз, бул турган нерсе.

Бирок биздин андан да чоң ресурсубуз бар, ал биздин ички ресурстар. Бул – көмүскөдөгү экономика, коррупция, мамлекетти жана мамлекеттик компанияларды башкаруу. Тилекке каршы өкмөт азыр бир гана тышкы жардамга гана таянып алды. Ал эми ички ресурстарды эффективдүү иштетүүгө мүмкүнчүлүктөрү жетпейт же колдорунан иш келбей атат.

Азыр жардамды тез бере турган Орусия болгондон кийин, жалаң гана Орусия менен эле байланышты күчөтүп, башка багыттар эмнегедир эске алынбай калып атат. Бир аз мурун айтылган “Кыргызгаз”, “Дастан” заводун берүү, ГЭСтердин бардыгын куруу боюнча бир гана мамлекет менен иштөө - бүгүнкү күндө мамлекеттин келечегине зыянын тийгизиши мүмкүн.

Эгерде биздин өкмөт эффективдүү иштегенде, менин көз карашымда, биздин өкмөт бир гана тышкы жардамдарга таянбастан, биринчи кезекте коррупция менен күрөшүүгө, эффективдүү башкарууга, өкмөттүн казынасына түшпөй жаткан акчаларды бурууга аракет жасашы керек болчу.

“Азаттык”: “Ата Мекен” фракциясы өкмөт башында тургандарга сын айтып келатасыздар, ошол эле Москвада иш сапары менен жүргөн Өмүрбек Бабановдун дарегине да. Бул кишинин Орусияда ири бизнеси бар экенин айткан элеңиздер. Эгер чындап эле ошондой болсо, өлкөнүн ири жетекчисинин ал жакта чоң бизнеси болгону өлкө саясатына, экономикасына таасирин тийгизбейби?

Равшан Жээнбеков
Жээнбеков:
Биздин фракцияга азыр да бир топ маалыматтар келип атат. Алардын арасында биринчи вице-премьер-министрдин Орусиядагы бизнеси тууралуу да маалыматтар бар. Аны биздин фракция буга чейин бир топторун айткан, мындан кийин да айтабыз.

Эгер дүйнөлүк практиканы карай турган болсок, кайсы бир мамлекеттин башында турган белгилүү мамлекеттик кызматкерлер башка бир мамлекетте, өзгөчө коңшу өлкөдө жеке бизнеси боло турган болсо, анда адатта ал адамдар мамлекетти башкарууга аралаша албайт. Бул дүйнөлүк практика. Анткени аны менен биз мамлекеттин кызыкчылыгын, эгемендигибизди башка мамлекетке кандайдыр бир деңгээлде өткөрүп берип коюшубуз мүмкүн дегенди түшүндүрөт.

Интернетте да биринчи вице-премьердин ал жактагы бизнеси тууралуу маалыматтар бар. Орусиянын эки депутаты келип айтып кеткенден кийин эле бизге так маалыматтар келген. Ө.Бабановдун Пензада цемент заводдору, ж.б. бизнестери бар. Андан башка да маалыматтар бар. Биздин фракция маалыматтар дагы топтолсо, ачыктык, айкындык мамлекетке керек болгондон кийин анын бардыгын коомчулукка алып чыгабыз.

Бажы биримдиги: 1 кадам алга, 2 кадам арткабы?

“Азаттык”: Учурда өкмөт Орусия, Казакстан, Беларус катышкан Бажы биримдигине кирүү аракетин көрүп атат. Кыргызстан ошол эле маалда Дүйнөлүк соода уюмуна да мүчө. Эгер Кыргызстан Бажы биримдигине кошуласа, анда Дүйнөлүк соода уюму менен алаканы кандай өнүктүрсө болот? Дегеле Бажы биримдигине кирүү экономикага кандай таасир тийгизет?

Жээнбеков: Бүгүн өкмөттүн бардык мүчөлөрү, өзгөчө экономикалык тескөө министри, “эгерде биз Бажы биримдигине кирбей турган болсок, биздин экономика жакын арада жок болот” деген жалпыланган ойлорду айтып атышат.

Менин пикиримде, муну эки багытта карашыбыз керек. Биринчиси, саясий багытта, экинчиси, экономикалык багытта.

Өмүрбек Бабанов
Саясий багытта карай турган болсок, биз Дүйнөлүк соода уюмуна мүчө болгондон кийин Бажы биримдигине мүчө болуш үчүн биз Дүйнөлүк соода уюмуна мүчө мамлекеттердин макулдугун алышыбыз керек. Менин оюмча, алардын макулдугун алуу бизге абдан кыйын болот.

Өзгөчө азыркы тапта Орусия менен Грузиянын ортосунда бир топ тирешүү уланып атканда, Грузия Дүйнөлүк соода уюмунун мүчөсү катары андай макулдукту бербеши мүмкүн. Андан башка мамлекеттерди айтпай эле коёюн, Грузиядан башка Дүйнөлүк соода уюмуна мүчө ондогон мамлекеттер бар.

Эгерде биз алардын уруксаты жок өзүбүз эле чечип киребиз дей турган болсок, анда биз Дүйнөлүк соода уюмунун эрежесине ылайык бир топ каржылык жазага, санкцияга туш болобуз. Биз ал жазаны да аткара албайбыз, акчасын төлөй албайбыз. Ошондуктан азыркы күндө биздин мамлекеттин, өкмөттүн башчыларынын бул уюмга киребиз деп атканы бир аз шашкалактык болуп саналат. Алар көп нерселерди эске албай туруп айтып атышат.

Экинчиси, экономикалык багытта алып карай турган болсок. Биз Бажы биримдигине киргенден кийин, биздин компаниялар Орусия менен Казакстандын компаниялары менен атаандаштыкка туш келет. Менин көз карашымда биздин компаниялардын көпчүлүгү алар менен атаандаштыкты кармай албайт жана биздин компаниялардын көбү банкрот болот.

"Бажы биримдигине киргенде Кыргызстанда айрым товарларга баа кымбаттайт"
Дагы маанилүү маселе, Орусия, Казакстан, Беларус жана биздин өлкөдө кошумча нарк салыгынын баалары ар кандай. Сырттан келген унааларга бажы төлөмү да ар кандай. Булардын бардыгын биз алардын кызыкчылыгына, өзгөчө Орусиянын кызыкчылыгына карата тууралашка туура келет. Мында да биз көп уттурабыз. Ошондуктан азыр өкмөттүн Жогорку Кеңеш менен кеңешпей мындай чечим кабыл алышы – эсептелбеген, ойлонулбаган, шашылыш билдирүү.

“Азаттык”: Дегеле Бажы биримдигине кирүү Кыргызстан үчүн келечекте приоритеттүүбү?

Жээнбеков: Эгер биз баарын эсептеп, жакшы жана жаман жагын карап, ута турганы менен утулуштарыбызды эсептеп көрүп, пайдасы көп болоруна көзүбүз жетсе – анда киришибиз керек. Бирок бул көп убакытты, изилдөөнү, көп-көп адистердин көз карашын талап кылган чечим. Ошондуктан шашпастан туруп, бардыгын иликтегенден кийин чечим кылсак туура болмок.

“Азаттык”: Рахмат.

Екатеринбургдагы мигранттар: мушташ эмес, талаш чыкты

8-апрелде орусиялык бир катар массалык маалымат каражаттарында Екатеринбург шаарында эмгектенип жүргөн мигранттардын ортосунда мушташ чыкканы кабарланган.

Күнүмдүк жашоодо эки адамдын ортосундагы мушташ эч кимдин деле көнүлүн бурбайт. Элдин назарын бул саам бирден-бир нерсе өзүнө кадады.
Себеби айрым сайттарда “Орусиядагы кыргыздар менен өзбектердин ортосунда кагылышуу болду” деген маалымат тарап кетти.

Окуянын чоо-жайын билүү үчүн биз Орусиянын Ички иштер министрлигинин Свердлов облусу боюнча башкы башкармалыгынын жектечиси Михаил Бородин менен байланыштык.

“Окуя Екатеринбург шаарынын Тынчтык көчөсүндө, курулуш болуп жаткан жайда орун алган. Калың эл чогулуп уруш башталайын дегенде милиция кызматкерлери окуя болгон жерге чукул арада барып, мушташ же кагылышуу болгон жок. Эртең менен жумушчулар тамакка кезекке турушат. Кыргызстан менен Өзбекстандын жарандары орун талаша кетишет. Азыр 8 адам кармалды, алардын төртөөсүнүн каттоосу жок болуп чыкты”.

Борбор Азиядан барган мигранттардын көбү курулушта иштейт.
Михаил Бородин кагылышууда жарадар адамдардын болбогонун да кошумчалап өттү.

Бирок атын атагысы келбеген мигранттар жарадар болгондо деле эч ким ооруканага кайрылбасын айтышты.

Хасан – окуя болгон жердеги курулуштун бригадири:

“Мушташ чыккан жок. Милиция кызматкерлерин өз убагында чакырганга үлгүрдүм”.

Тажик диаспорасынын Екатеринбургдагы өкүлү, “Сомон” коомдук уюмунун жетекчиси Фаррух Мирзоев бул окуяда этнос аралык бойоктун болбогонун баса белгилейт. Бирок Оштогу окуялардан кийин Орусиядагы кыргыз жана өзбек диаспораларынын мамилелери кандайдыр бир деңгээлде татаалдашканын жашырган жок.

“Турмуш-тиричиликте буга окшогон кичинекей уруштар боло берет дечи. Бирок биз – диаспоралардын башчылары – тартип коргоо органдары менен биргеликте алдын алуу иштерин жасап турабыз.

Кыргыз жана өзбек улутундагылардын кагылышуулары болгон жана кээде болуп турат. Бул Фергана өрөөнүндө былтыр орун алган окуяларга байланыштуу. Оштогу окуялардан кийин бир нече ай айрыкча ошондой маанай байкалчу”.

2010-жылдагы Оштогу коогалаңдан кийин Орусия жана Түштүк Кореяда жашаган кыргыз жана өзбек улутундагы эмгек мигранттарынын ортосунда тирешүү бар деген кабарлар интернетте улам жарыяланып турду. Алардын канчасы катардагы эле кагылышуу, канчасы Ош окуяларына байланыштуу экендиги тууралуу так сан же иликтөө жок.

2010-жылдын июнь айында Ошто жүргөн кабарчы катары Москвага келгенде эле ушул маалыматты текшерип көрдүм. Москвада палоо жасаш үчүн зире менен күрүчтү ар дайым оштук өзбек балдардан алам. Ар бирибиз өз тилибизде сүйлөп, котормочу – орус тилсиз эле бири-бирибизди жакшы түшүнөбүз. Кээде жыргап Ошту да эстеп алабыз.
Бул соодагерлерден суук мамилени байкаган жокмун.

Буга кошумча ондогон мигранттарды да сурамжылап көрдүм. Интернет форумдарда отурбаган, гезит окуганга колу тийбеген, жумушу чачынан көп москвалык мигранттар үчүн менин суроом ашыкча сезилди окшойт.

Кыргызстандын жараны Нурбек Бойтоев Москвадагы жеке ишканалардын биринде эмгектенет:

“Мен Орусияда үч жарым жылдан бери иштеп жүрөм. Эч кандай жаман окуялар башыма келген жок. Кээде гана телефондон, интернет тармактарынан “Москвада же Түштүк Кореяда кагылышуу болуптур” деп угуп калам. Негизинен достордон, тааныштардан чыныгы фактыларды көргөн жокмун. Бул жакта мекенибизден алыс жүрөбүз. Баарыбыз ынтымактуу болушубуз керек. Мени менен чогуу бир нече жылдан бери Эрдарбек деген досум иштейт. Ал өзү Өзбекстандан, ал да айтып берсе”.

Эрдарбек, Өзбекстандын жараны, Москвада иштейт:

“Москвада 6 жылдан бери жашайм. Ош окуяларынын кийин Орусияда жүргөн кыргыздар менен өзбектердин арасындагы мамиле эч өзгөргөн жок.

Интернеттеги форумдарда агрессия көп. Менимче мындай чагымчыл маалыматтарды карапайым адамдар жазбайт. “Бири-бирибизди жек көрөбүз” деген сөздөр атайын жазылат. Жөнөкөй адамдардын Москвадагы жашоосун эле карап көргүлө. Мына, Нурбек мени менен иштейт. Мени менен чогуу кыргызстандык балдар жашайт, өзбектер жашайт. Биз доспуз, бири-бирибизди урматтайбыз. Ал эми ар нерселерди жазгандарга мен ишенбейм”.

Кыргызстан Бажы биримдигине багыт алды

Бажы биримдигине кирүү менен Кыргызстанда чыккан өнөр-жай товарларына талап жогорулайт деген божомол бар.

Кыргызстандын өкмөтү Орусия, Казакстан жана Беларустан турган Бажы биримдигине кирүүгө дилгир экенин бекитти. Буга байланыштуу биримдикке кирүүнүн шарттарын аныктоо боюнча мекемелер аралык комиссия түзүлдү.

Өкмөт башчысы Алмазбек Атамбаев аталган мекемелер аралык комиссияга Кыргызстандын Бажы биримдигине кирүү мөөнөтүн тездетүүнү тапшырды. Бул жагдайда өлкөнүн ички рыногунда боло турган ар кандай өзгөрүүлөрдү эске алуу менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү маселеси көтөрүлдү.

Бажы биримдигинин бирдиктүү экономикалык мейкиндикти коргоо боюнча чаралары 2011-жылы 1-июлдан тарта күчүнө кирет. Мындай жагдайда Кыргызстан менен эркин соода жүгүртүүнү караган мурдагы эки тараптуу макулдашуулар күчүн жоготушу күтүлөт.

Кара-Суу базары
Көз карандысыз экономист Жумакадыр Акенеев мындай абалда Кыргызстан Бажы биримдигине кирүүгө аргасыз деп эсептейт:

- Эң негизги эл чарбасына керектүү товарлардын баарын биз ошол жактан алып жатабыз. Буга күйүүчү май, темир, жыгач жана башка курулуш материалдары кирет.

Бажы биримдиги иштей баштаганы менен азырынча толук күчүнө кире элек. Эгерде күчүнө кире турган болсо, Кыргызстан үчүнчү чочун мамлекет болуп калат да, товарларды ал жакка киргизүүдө же алып келүүдө бир кыйла тоскоолдуктар пайда болот.


Өкмөттүн жыйналышында Бажы биримдигине кирүүнүн оң жана терс жактары боюнча Экономикалык жөнгө салуу министрлигинин талдоолору талкууланды.

Ага ылайык, терс жагы катары биримдиктин алкагында бекитилген бажы төлөмдөрүнүн жогору болгонунан улам сырттан ташылып келе турган товарлардын кымбатташы жана Кытайдан үчүнчү тарап үчүн келген реэкспорттун кыскаршы мисалга алынды.

Мындан сырткары экономист Эсенгул Өмүралиев Бажы биримдигине кирүүдө Кыргызстан үчүн бир катар тобокелчиликтер бар экендигине токтолду:

- Биз өз алдынча саясий-экономикалык шарттарга байланыштуу чечимдерди кабыл алуу мүмкүнчүлүгүнөн ажырап калышыбыз мүмкүн. Экинчиден, ички дүң продуктунун көлөмү түшүп кетип, анын айынан бюджеттин тартыштыгы күтүлөт. Анткени учурда казынага салыктан түшкөн төлөмдөргө караганда бажыныкы көп болуп жатпайбы. Үчүнчүдөн, биз мурда мүчө болгон Бүткүл дүйнөлүк соода уюмунун шарттарын бузуп алсак, алар менен болгон соода байланыштарыбызга зыян келтирип алышыбыз мүмкүн.

Базарлар кыйрап, өнөр-жай өргө чыгабы?

Өкмөт башчысы реэкспорттун эсебинен жашап жаткан “Дордой” жана “Кара-Суу” базарларына Бажы биримдигине кирүүнүн тийгизе турган терс таасирлерин алдын-ала аныктоону тапшырды. Бирок адистер Кыргызстан Бажы биримдигине кирсе да, кирбесе да Кытайдан ташылып келип үчүнчү жакка жөнөтүлүп жаткан товардын агымы кыскара тургандыгын божомолдошууда.

Экономикалык жөнгө салуу министрлигинин соода башкармалыгынын башчысы Анархан Рахманова Кыргызстандын Бажы биримдигине кириши өнөр-жайдын өсүшүнө алып келет деп ишенет:

- Кыргызстанда өндүрүлгөн продуктуну чек-ара жабылып турса каякка алып барабыз? Бишкектин өзүндө толтуруп кармай албайбыз.

Биз Бажы биримдигине кирбесек анда биз үчүнчү мамлекет катары жогорулатылган бажы төлөмдөрүнүн негизинде көп товарлар бизге кымбат келет. Бирок бир жакшы жагы - ата-мекендик өндүрүштүн өргө көтөрүлүүсүнө өбөлгө түзүлө тургандыгы айкын. Анткени кытайлык инвесторлор Кыргызстандан товар өндүрүүгө кызыкдар шарттар түзүлүп жатат.

Кыргызстандын Бажы биримдигине киришинин шарттарын иштеп чыгуу боюнча комиссия биримдиктин башкы жетектөөчү органына мүчөлүккө кабыл алуу өтүнүчү менен келе жаткан күзгө чейин кайрылышы күтүлөт. Кыргызстандын өкмөтү аймактык Бажы биримдигине мүчө болуу Дүйнөлүк соода уюмуна болгон мүчөлүгүнө тоскоолдук кылбай тургандыгын белгиледи.

Казакстан: Нуракенин быйылкы шайлоосу азилсиз өтпөдү

"Шайлайсыңбы, жокпу, баары бир - Назарбай гана бийликте, бил!". Казак оппозициясынын шайлоо өнөктүгүнө каршы урааны. Астана шаары, 2011-жылдын 2-апрели.

Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев 2011-жылдын 3-апрелиндеги жалпы тикелей шайлоо аркылуу өз бийлигин сактап калды. Бирок бул шайлоого чейин эле ар кыл азилдер интернетте таркап, нечендеген казакстандык азилчилер Нуракеңдин “адилет шайлоосун” мыскылга алышты.



* * * * * * *

Эки казакстандык атуул алдыдагы шайлоо тууралуу кеп куруп калышты.

- Деги, президенттикке талапкерлер жөнүндө жагымдуу оюң кандай?
- Кандай десем? Ошолордун ичинен бирөө гана башкараары жакшы иш болбодубу!

* * * * * * *

Казакстандын президенти унааны зуулдата айдатып баратса, жол боюнда бир киши “кой сатам” деген жазуусу бар тактаны көтөрүп турган экен. Жанында семиз кою да бар.
Нуракең дароо унаасын токтотуп, алиги кишиден сурайт:
- Коюңду мага сат, боордошум!
- Болуптур, тандаңыз!
- Тандаганы кандай? Мында бир эле кой турат ко?
- Биз шайлоодо деле ушинтип бирөөнүн ичинен тандап жүрөбүз.

* * * * * * *

Казакстандык орус бир казакка мактанып калат:
- Мен он жыл ичинде казак тилин мыкты өздөштүрдүм!
- Дурус, дурус! Анда мына бул сөздү которуп берчи: “Я требую свободных и честных выборов и отставки нынешнего президента!”
- Оңой эле да: “Мен эркин жана адилет шайлоону жана азыркы президенттин кызматтан кетишин талап кылам!”
- Дурус, дурус! Биротоло анын жанына мына бу сөздү да кошо жаттап ал: “Ой-бай ау, агатай, эми урбачы! Жан соога, мен өз катамды түшүндүм!”


* * * * * * *

Нуракең шайлоонун алдыңкы күнү эл аралык кабарларды сыналгыдан көрүп жатып өзүнчө кобуранат имиш:
“Айна-алайын Каддафи! Эптеп убакытты ута көр, досум, 3-апрелдин кечине чейин чыдап, кармалып тура гөр! Батыштын көңүлүн өзүңө бура тур!”


* * * * * * *

Көшөкөр талапкерге кабарчылар суроо беришет:
- Эмне үчүн сиз президенттик шайлоодо талапкердигиңизди койдуңуз?
- Кандай десем... Өлкөдө демократия орносо экен дедим да!..
- Кызык, эмгиче демократия жок бекен? Сиз атаандашып аткан президент “Казакстанда демократия бар” деп атат ко?
- Э-э... Ушу кабарчылар бөйрөктөн шыйрак чыгарып, провокациячыл суроо бергенге машсыңар. Эмне десеңер ошо дегиле, менин талаптарымдын бардыгы жогорку жак менен эбак такталган!

* * * * * * *

Атаандаштык негизде өтө турган президенттик шайлоо алдында Медведев Назарбаевге телефон чалып, ага ийгилик каалай турганын айтты.
Андан соң негедир экөө тең көпкө чейин ыкшып күлүп калышты.

* * * * * * *

Алматыдагы китепканада. Бөлүм башчы жаш кызматкерди үйрөтүүдө.
- Китептердин жана макалалардын аталыштарын картотекага туура жайгаштырсаң.
Оболу чындыкка жакыныраактарын жайгаштырып, мына мындай тизмеге ылайык жаз: 1) илимий фантастика, 2) жомок, 3) реклама, 4) талапкердин шайлоо алдындагы убадасы...


* * * * * * *

Бийлик: - Алдыдагы шайлоо адилет болот!
Шайлоочу: - Артта калган шайлоолор кантти эле?

* * * * * * *

Төлгө.
Эгерде Нуракеңдин сүрөтү көчөлөрдө көбөйө түшсө, демек, дагы бир президенттик шайлоо жакындап калды дей бер.


* * * * * * *
(Ар кыл интернет булактарынан иргелип алынды).
ТЧ.

Байсалов: Борбор Азияда келечекте чек ара болбошу керек

Кыргыз-өзбек чек арасы

Коңшу Өзбекстан, Тажикстан менен чек ара аныктала элек аймактарда курч кырдаал түзүлө калууда. “Айкөл эл” партиясынын жетекчиси Эдил Байсалов бул маселеге байланыштуу “Азаттык” менен ой бөлүштү.

“Азаттык”: Бүгүнкү күндө Өзбекстан, Тажикстан менен болгон чек ара тилкелеринде такталбаган жерлер болгондуктан, маал-маалы менен курч кырдаалдар түзүлө калып келет. 20 жылдан бери чек арадагы талаштуу жерлердин дагы деле чечилбей келатканына эмне себептер болуп келет? Учурда кандай тоскоолдуктар бар?

Эдил Байсалов: Менин оюмча Акаев учурунда да мамлекет башчысына бул маселе боюнча көптөгөн сындар айтылып келген. Бакиевдин деле колунан бул боюнча эч нерсе келген жок. Азыр деле мына Роза Отунбаева айым ички саясий суроолор талкууланып атса да, тышкы саясий өнөктөштөр менен жолукканда да “чек ара, чек ара” деп айтып атат. Бирок албетте чек араларды тактап, тартипке келтирүүдө Кыргызстандын эле жетекчилигинин аракети жетишсиз. Ал тараптан коңшу мамлекеттер Тажикстан менен Өзбекстандын олуттуу мамилеси, биз менен макулдашуусу керек.

Жеке пикиримде бул маселенин чечилбей келатканынын негизги себеби – коңшу мамлекеттердин мамилесинин башкача болуп атканынан болуп атат. Бир пикирге келе албай атканыбыздын негизги себеби коңшу мамлекеттерге байланыштуу десем болот.

“Азаттык”: Коңшу мамлекеттер чек арадагы талаштуу жерлердин тезирээк такталып, делимитация жана демаркация тез жүрүүсүнө эмнеге кызыкдар эмес болушу мүмкүн?

Эдил Байсалов
Байсалов: Жок, кызыкдар болгону менен башкача болуп атат. Мына биз Өзбекстандын мисалын карап көрөлү. Бул мамлекет өзү үчүн чек арадагы бардык маселелерди чечип алгандай сезилет. Анткени алар бүт чек ара тилкесинде зым тартып алышкан, ал гана эмес аңдарды казып салышкан. Кандайдыр бир күчкө салып, өзүнүн башкача саясатына салып, бизде ички саясий тартипсиздик болуп атканы, биз диний экстремисттерге, сөз эркиндигине башкача мамиле кылганыбыз үчүн алар бизге ишенбестик көрсөтүп, өздөрү эле чек араны тосуп алышкан. Бирок тажиктер алардан башкачараак.

Биздин ушул Фергана аймагында, өрөөнүндө мурда эч кандай чек ара болгон эмес. Чек ара такталгандан кийин дагы талаш-тартыштар чыга берет. Анткени ал жерлерде жер тартыш. Ошол жерлерде кыргыз, тажик, өзбек калктары көбөйүп атат. Ошондуктан бул келечекте мындан да чоң көйгөйлөрдү жаратышы мүмкүн.

Демек кеп биз бири-бирибиздин чек арабызга дубалдарды бийигирээк коюп алып, алар бир танк койсо биз эки танк коюп, алар беш аскер койсо биз он аскер койгондон эч качан чек араны бекемдей албайбыз. Анткендин ордуна ушул үч мамлекеттин ортосунда ынтымакты, достукту бекемдөөгө аракеттенүүбүз керек.

Албетте чек араларды тактоо керек. Бирок 10 жылдан кийинби же 15 жылдан кийинби коңшу мамлекеттерде да бийлик алмашат. Ошондо биз Европадагы мамлекеттердин ортосунда чек аралар кандай жокко чыгарылса, биз да ошого үмүт кылышыбыз керек. Ошондой маал келгенде, “биз бир мамлекетке бирикпейбиз, бирок бажы, чек арадагы паспорт текшерүүлөрдү жойобуз” дешибиз керек. Ушундай достук мамиледе элдерибизге ынгайлуу шарттарды түзүп бере албасак, кыргыз да байыбайт, өзбек да байыбайт, тажик да байыбайт, ал эми акчабыз аскерлерге коротулат жана жаңжалдар көбөйө берет.

Кыргыз-өзбек чек арасы
“Азаттык”: Андай болгон шартта миграция маселесин кантип чечсе болот? Бир өлкөнүн аймагынан, башка өлкөнүн аймагына массалык көчүүсү көбөйсөчү?

Байсалов: Бул жерде албетте биз жерди тартипке салышыбыз керек. Жер абдан тартыш. Менин айтайын дегеним жер которуп биротоло жашоону каалагандар тууралуу эмес. Анын өз эрежеси бар.

Айтайын дегеним, маселен биз ишчилерге Оштон Анжияга барып иштегенге, ал жактан бул жакка келип тоскоолсуз иштегенге шарт түзүп беришибиз керек. Бирок албетте жер деген жер, менчик деген менчик. Аны биз тартипке келтиришибиз керек.

Ал эми суу байлыктарын, энергия ресурстарын, жайлоолорду пайдаланууда коңшу мамлекеттер менен жакшылап эсептешип, такташып, чогуу пайдаланышыбыз керек. Болбосо суу маселеси абдан татаал. Тарыхта согуштардын көбү суунун айынан чыгып келген. Биз сууну бууп койсок, алар башка нерсесин буугандан эки өлкө эле зыян тартат.

“Азаттык”: Акыркы убактарда Ош, Баткен облустарында АКШ менен Орусиянын машыгуу борборлорун түзүү демилгелери көтөрүлүп жүрөт. Бул маселе коңшу өлкөлөр менен мамилеге таасирин тийгизбейби?
Бир пикирге келе албай атканыбыздын негизги себеби коңшу мамлекеттерге байланыштуу десем болот.


Байсалов: Албетте буга биз өтө аяр, олуттуу мамиле кылышыбыз керек. Анткени “чет өлкөдөн дядя Ванялар же анкл Сэмдер бизге жардам берет. Бир нерсе болуп кетсе коопсуздугубузду сактап калат” деген ойлор абдан эле туура эмес. Муну биз былтыр эле Ош окуяларында көрдүк го. Биз өзүбүздүн тартипти, коопсуздугубузду өзүбүз сакташыбыз керек. АКШ менен да, Орусия менен да толук кандуу кызматташуу жүрүшү керек. Бирок эч качан биз “Орусиянын базасын жайгаштырып койсок, күчтүү болуп калабыз” деп ойлобошубуз керек. Бул жалган. Мындай эч качан болбойт. Бизге өзүбүздүн эле армиябыз керек, коопсуздугубузду да өзүбүз гана камсыз кыла алабыз.

Андыктан мындай иштерде коңшу мамлекеттердин да ойлорун эске алуубуз абзел. Фергана өрөөнүндө биз Тажикстан, Өзбекстан менен ишенимге, достукка негизделген мамиле курууга милдеттүүбүз.

“Азаттык”: Рахмат.

Бажы биримдиги: жети өлчөп, бир кес

"Биримдикке киргенде чет өлкөлөрдөн импорттолуучу товарлардын баары кымбаттайт"

Бажы биримдигинин Кыргызстан үчүн дурус жана буруш жактары, өлкө экономикасына таасири “Азаттыктын” “Арай көз чарай” талкуусунда сөз болду.

Кыргызстан Бажы биримдигине кирүү үчүн арыз берүүгө камынууда. Буга чейин жарыялангандай, маселе өкмөттүн 11-апрелдеги отурумунда каралган жатат.

Талкууга экономика илимдеринин доктору Жумакадыр Акенеев, мурдагы вице-премьер министр, кезинде Кыргызстандын Дүйнөлүк соода уюмуна кирүүсү боюнча сүйлөшүүлөрдү жетектеген Эсенгул Өмүралиев, Жаш ишкерлер биримдигинин аткаруучу катчысы Руслан Акматбек, Бишкек ишкер кеңешинин мүчөсү Бакай Жунушов катышты.

“Азаттык”: Талкуубуздун башында эле бир суроонун башын ачып алууга аракеттенсек. Бажы союзуна кирүүнүн экономикалык гана эмес, саясий аспектилери да бар өңдөнөт. Кыргызстандын Бажы союзуна кошулушуна ички базары чакан, тышкы соодада ар убак импорт, экспорттон басымдуулук кылган Кыргызстан өзү көбүрөөк кызыкдарбы же ошол эле өнөктөштөр Орусия же Казакстан көбүрөөк кызыкдарбы?

Эсенгул Өмүралиев: Азыркы тапта бул жерде көбүрөөк кызыкдар, биздин өнөктөштөр болуп жатат. Бажы биримдиги бир топ мамлекеттерди кошкон аймак болушу керек. Булар (Орусия, Казакстан, Беларус) азыркы күндө кеңейтүүнүн үстүндө иштөөдө. Баягы биздин чоң мамлекет мурдагы союзга кирген өлкөлөрдүн баарын болбосо да, өздөрү кызыкдар чөйрөнү сактап калууну көздөп жатат. Демек көбүрөөк кызыгуу булар тараптан болуп жатат.

Жумакадыр Акенеев: Мен Эсенгул Касымовичтин айткандары менен макул эмесмин. Себеби Бажы биримдиги түзүлгөндөн тарта Кыргызстан үчүн кыйын боло баштады. Азыр биз Бажы биримдигинин ишинин башын гана көрүп жатабыз. Андыктан бул жерде жалаң эле өнөктөштөрдүн эмес, Кыргызстандын да өз кызыкчылыгы бар.

Бакай Жунушов: Биз Бажы биримдигине кирбей, азыркыдай эле Дүйнөлүк Соода уюмунун мүчөсү бойдон кала берүүбүз керек.

Руслан Акматбек: Биздин оюбуз боюнча Бажы биримдиги Орусиянын амбициясынан улам чыккан долбоор. Менимче Орусия Кыргызстандын келечегине терс таасирин тийгизе турганын билип туруп эле Бажы биримдигин бизди көзөмөлдөөчү аспап катары колдонгон жатат.

“Азаттык”: Бажы союзу былтыр жыл башынан тарта иштей баштады, былтыр июлдан тарта болсо биримдиктин алкагындагы бирдиктүү бажы салыктары күчүнө кирди да. Кыргызстандын Бажы союзуна кирүү ниети бардыгы алгач ал кездеги Убактылуу өкмөт башчы Роза Отунбаева тарабынан былтыр июлда Астанадагы саммит учурунда жарыяланган эле да.

Дүйнөнүн эркин базарынын мухитин жиреген сом менен доллар. Ким байкенин сүрөтү
Кийин август-сентябрь айларында экономикалык тескөө министрлигинин жумушчу комиссиясы, Кыргызстандын экономикасы азырынча бул союзга кирүүгө даяр эмес деген тыянак чыгарган. Ушул эле ойду октябрда ал кездеги техникалык өкмөт да колдогон болчу.

Бирок соңку күндөрү премьер-министр Алмазбек Атамбаев, экономикалык тескөө министри Учкунбек Ташбаев Бажы биримдигинин Кыргызстан үчүн оң жактарын гана айтып жатышканына караганда, саясий чечим кабыл алынып, эми аны ишке ашыруу эле милдети тургандай. Бажы биримдигине кирүүнүн же кирбөөнүн Кыргызстан үчүн кандай оң жана терс жактары бар?

Жумакадыр Акенеев: Өзүбүзчө ой жүгүртүп көрөлүчү. Бажы союзуна кирбейбиз, оокатыбызды өзүнчө кылалы дейли. Анда Бажы союзундагы үч мамлекет ар кандай чечимге келиши мүмкүн. Бүгүн биздин экономиканы Орусия менен Кыргызстандан ажыратып койсок эмне болот?



Эсенгул Өмүралиев: Жумкадыр кичине саясий жагына чалып жатпайбы. Туура Бажы биримдигине кирүү биринчиден, саясий, экинчиден, экономикалык маселе. Кыргызстандын соода байланыштарынын структурасында Орусия менен Казакстандын үлүшү 32% эле, 68 пайызы башка мамлекеттер менен. Эгерде ушул эки мамлекет койгон шарттарды кабыл алып, калгандарынан баш тартсак, анда ошол 68% эмне болот? Ушуну да ойлош керек.



Бакай Жунушов: Албетте алыскы чет өлкөлөрдөн импорттолуучу товарлардын баары кымбаттайт. Кымбаттоодон тышкары Кыргызстан тышкы экономикалык байланыштарды өз алдынча жүргүзө албай калат.



Дүйнөлүк соода уюмуна компенсация төлөнөбү?

“Азаттык”: Эсенгул мырза, сиз кезинде Кыргызстандын Бүткүл дүйнөлүк соода уюмуна кирүүсү боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөнсүз.
Кымбаттоодон тышкары Кыргызстан тышкы экономикалык байланыштарды өз алдынча жүргүзө албай калат.


Кокус Кыргызстан Бажы биримдигине кирсе, бажы тарифтери боюнча Дүйнөлүк соода уюму менен да сүйлөшүү жүргүзүүгө туура келеби? Кыргызстан Бажы биримдигинин тарифтерин кабыл алса, Дүйнөлүк соода уюмуна компенсация төлөөгө туура келет деген канчалык чын?

Эсенгул Өмүралиев: Азыр мына биздикилер арыз беребиз деп жатпайбы. Ал арызды Бажы биримдиги карап, кабыл алат. Бул үчүн да убакыт керек. Алар кабыл алгандан кийин сүйлөшүү жараяны башталат. Ал жараян да бир топко созулат.



Руслан Акматбек: Бажы биримдигин бир өңчөй кароого болбойт. Оң да, терс да жагы бар. Бирок бир жаман жери өзүбүздүн улуттук кызыкчылыкты унутуп, бирөөнүн көзүн карап калганыбыз. Орусиянын эле тегерегинде айланып жатабыз. Мени кооптондурганы – биз базар катары Орусия менен Казакстанды эле карап калганыбыз.



Унаа, кездеме кымбаттайт, кийим сатуу жеңилдейт

“Азаттык”: Бажы союзунун Кыргызстандын катардагы керектөөөчүлөр үчүн кандай оң, терс жактары бар? Мисалы Кытай менен Түркиядан келип жаткан кийим-кече, АКШ, Жапония, Европадан келип жаткан унаалар дароо кымбаттайт да, туурабы?



Кытай менен Орусияга байланган экономика

“Азаттык”: Бажы союзуна мүчө Беларуста акыркы айларда чет элдик валюта кору 20 пайызга чейин азайыптыр. Улуттук банк улуттук акчаны кармоо үчүн кайра-кайра интервенция жасоого аргасыз болуп жатыптыр.
Өзүбүздүн экономикабызды Кытайдын экономикасына байлап койдук.


Экономисттер мунун бир себеби катары Бажы союзунун унаалар боюнча тарифтери 1-июлдан тарта кымбаттаганча, калктын Европадан унаа алып келүүгө ашыгып жатышы менен түшүндүрүшүүдө. Кыргыз өкмөтү азырынча соңку чечимди кабыл ала элек, кандай сунуштарыңыздар, кеңештериңер бар?

Эсенгул Өмүралиев: Менин оюмча бул маселе боюнча саясий чечим кабыл алынып калган. Чечим кабыл алынгандан кийин аягына чейин барышы керек. Арызды берип, сүйлөшүүлөрдү Кыргызстандын кызыкчылыгын жоготпогондой кылып жүргүзүү абзел. Ал сүйлөшүүлөр канчага созулат, муну келечек көрсөтөт.



Бакай Жунушов: Биз бир нече жолу тегерек стол талкууларын өткөрдүк. Андагы орток көз караш мындай болду: биз Бажы союзуна такыр эле кирбейбиз деп айтпаш керек. Алар иштеп көрүшсүн. Биз эки-үч жыл күтүп, байкоо салуубуз абзел.



Руслан Акматбек: Кыргызстан Бажы биримдигине байкоо салып, аяр мамиле жасообуз керек. Бизди Орусия күйүүчү май менен эле коркутуп жатпайбы. Эсенгул агай туура айтты, эмне үчүн биз күйүүчү майды башка өлкөлөрдөн да алууга аракеттенбейбиз. Биз өзүбүз байланып алып, коркутканга себеп берип койгонбуз.

Биз азыр алсыз мамлекет болушубуз мүмкүн. Бирок биз бул алсыздыгыбызды көрсөтүүгө мажбур эмеспиз. Эгер улуттук кызыкчылыктын таламын талашсак, балким кыска мөөнөттө кыйынчылык болушу мүмкүн. Бирок узак мөөнөттөн алганда жетишкендиктер болот. Анткени биздин коом, биздин ишкерлер мурунку коом, мурунку ишкер эмес.

Жумакадыр Акенеев. Буйруса быйыл Кыргызстандын эгемендигине жыйырма жыл толот. Өткөн жыйырма жылдын ичинде колубуздан келсе азык-түлүгүбүзбү, башка товарларыбызды дүйнө жүзүнө көрсөтүп, сатканга мүмкүнчүлүк болду. Бирок анте албадык.

Тилекке каршы турмуш көрсөтүп жатат, өндүргөн товарыбыз өзүбүздөн башка, КМШ өлкөлөрүнө анча-мынча керек экен. Ошондуктан Орусия менен Казакстанга экспорттоп жатабыз. Чындап келгенде өзүбүздүн экономикабызды Кытайдын экономикасына байлап койдук.



“Азаттык”: Рахмат.

Бараж жарыксыз, ылай суу менен күн көрүүдө

Бараждын тургундары ушул каналдын суусун тундуруп ичишет.

Жалал-Абаддын Сузак районундагы Кара-Дарыя айылына караштуу Бараж чек ара бөлүмүндө бир айдан бери электр жарыгы жок.

Өзбекстан электр кубатын берүүнү токтоткондон кийин чек арада жашаган 10 чакты кыргызстандык үй-бүлө да кыйналып күн көрүшүүдө. Бул жерде суу дагы чоң маселе: тургундар менен аскерлер каналдан аккан ылай сууну тундуруп ичишет.

10 аскер кызмат өтөгөн Бараж чек ара бөлүмү Кара-Дарыя айылынан 25 чакырым ары жайгашкан. Бара турган жол таштак, унаа араң жүрөт.

Ирода
Өзбекстан менен Кыргызстандын чектешкен бул жерде кыргызстандык теги өзбек 11 үй-бүлө жашайт. Ирода аттуу келиндин айтымында, кыргыз жараны болгону менен балдар Өзбекстандан билим алат, электр жарыгын да ошол жактан алышчу экен, бирок бир айдан бери өзбек тарап белгисиз себептер менен электр жарыгын берүүнү токтотуптур:

- Бир айдан бери светибиз жок. Эки саат эле светсиз отуруп көргүлөчү, балдарыбыз жүдөп бүтүштү. Эң кичине балам үч жашта, ал ыйлап жатат. Чоң балам мектепке барат.

Мобул жолдун абалын карагын, балдарыбыз ооруп калса, чек арадан кайсы солдат өткөрөр экен деп жалдырап турабыз. Ыйлап-сыктап ал жакка барабыз, кайтып келгенде андан да кыйналабыз. Ичкен суубуз каналдын ылай суусу. Нары жакта өлгөн эчки-печки, эшектерди таштап коюшат. Балдарыбыз ооруп, колдору кесилип, чүчкүрүп качантан бери ооруп жүрүшөт.


Хабиба Мамадалиева
Хабиба Мамадалиева
да ушул өңдүү проблемаларды айтты. Ал жаңы эле төрөгөн экен, ымыркайын алып келатканда жолдон кыйналып чарчап калыптыр:

- Үч балам бар. Өзбекстанда окуйт. Балдарым чек арадан зорго өтүшөт. Балдарым мектепке барганы безилдешет.

Чек арадан өткөндө сумкаларын эмне бар деп аңтарышат. Свет жок, ушинтип кыйналып жатабыз. Ушул жердегилерге кичине жардам берип коюшса болот эле. Балдарыбыздын эти ысыса кыйналабыз. Менин ымыркай балам жакында чарчап калды. Ооруканадан чыгарып келатканда жолдон кыйналып чарчап калды.

Мен Бараждан секелек кызы менен турган Гүлайым аттуу карадарыялык кыргыз айымга жолуктум. Ал Кара-Дарыя төркүлөп келген келген экен. Өзбекстандын жараны болсо да өзбек чек арасынан өтүү кыйын экенин, айла жоктугунан төркүнүнө мыйзамсыз каттай турганын кеп салып берди:

Гүлайым
- Жизактын Бакмалында турам. Ошол жакка турмушка чыккам. Бул жакка келгенде ушундай посттон өтүшүбүз кыйын болуп жатат. Балдарыбыз ошол жакта, ата-энебиз бул жакта, Кара-Дарыяда. Чек ара жокто беймарал өтөт элек.

Азыр мына, Өзбекстандын солдаттарын карап турам. Эми мени бирөө жарым өткөрүшү керек.

Эгерде чек араны жаап койсо өтүш таптакыр кыйын болот. Той-тамашада таптакыр эле каттай албай калабыз. Мисалы мага азыр чек араны бузуп өттүң дейт да. Качан өттүңүз эле, эми качан келатасыз, эмнеге чек араны буздуңуз дейт. Мен негизи Канабаддан өтүшүм керек эле. Ал жерде болсо таптакыр эле өткөрбөйт. Азыр чек арадан өтүп келиш кыйын болуп жатат.


Салимбек Матмусаев бараждыктар менен
Кара-Дарыя аймактык милиция бөлүмчөсүнүн башчысы Салимбек Матмусаев Баражда жашаган 11 түтүн үйдүн итине чейин тааныйт. Быйыл айрыкча Өзбекстан чектешкен бул айылда уурулук күчөп, башка ар кандай кылмыш болуп ишине байланыштуу тез-тез каттап турат:

Бараж чек ара бөлүмүндө 10 гана аскер кызмат өтөйт. Алатоолук чек арачылар коңшу Өзбекстанга салыштырмалуу кыйла эле жупуну имаратта турушат. Суусунанбы айтор аскелердин беттери туурулуп кеткен.

Кара-Дарыянын милиция башчысы Матмусаев чек арачылардын турмушу тууралуу айтып берди:

Бараждагы чек арачы жоокер
- Буларга губернатор, аким келип жашоолорун жакшыртып беребиз дешкен. Булардын шартын жакшыртып берсе болот эле. Унаалары жок, начальниги өзүнүн жеке машинасы менен каттап турат. Бул жерде рация турушу керек. Бул жакка үзгүлтүксүз байланыш болуп турушу керек. Эгер бир балээ болуп кетсе мен буларга чыга албайм. Мен тозотко чыгам, алар бул жакка чыгат, антип-минткиче кылмышка шектүү деген адам качып кетиши мүмкүн.

Мен андан соң Кара-Дарыя чек ара тозотунун зардалысы Эрик Батыркановго жолуктум. Бараждагы көйгөйлөр чекесинен чечилет деген үмүтүн айтты:

- Ал маселе каралып атат. Өткөндө чет өлкөлүк донорлор келген. Майдын 20сына чейин Бараж постуна свет коюп беришмей болду. Свет койсо жакшы болуп калат.

Суу маселеси жеке эле Баражда эмес, бүтүндөй Кара-Дарыя боюнча проблема. Чек арада жашаган он бир түтүн тууралуу Сузак районунун акимине айтылган. Чек арада негизи жашаганга мүмкүн эмес. Аны акырын-акырындык менен чечишет да. Ал боюнча кат жазып жөнөткөнбүз.


Ошентип бараждагылар эми чет өлкөлүк уюмдун колдоосун күтүп майга чейин жарыксыз күн көрүшмөкчү.

Кыргыз бийлиги чек арада же ары эмес, же бери эмес күн көргөн бул 11 түтүндү кайда көчүрүп кайда жайгаштырары белгисиз. Ушундай көйгөйлөр ойду бөлүп турган чакта Өзбекстанга турмушка чыккан карадарыялык Гүлайым айым эптеп өзбек чек арачыларынан көңүлүн таап бул ирээт да аман-эсен балдарына өтүп кетти, жок дегенде бир адамдын проблемасы чечилди.

Турусбеков: Чек арадагы кырдаал жөнгө салынды

Кыргыз-тажик чек арасындагы талаштуу жер.

8-апрелде Баткен облусунун Тажикстан менен чектешкен аймагындагы айылдарда жаңжал катталды. Натыйжада эки тараптан тең эл чогулган.

Буга байланыштуу “Азаттыктын” суроолоруна Улуттук коопсуздук кызматынын Чек ара аскерлеринин Башкы штабынын жетекчиси Чолпонбек Турусбеков жооп берди.

“Азаттык”: 8-апрелде эртең менен Баткендеги чек арада жаңжал чыкканы маалымдалды. Анын себеби жөнүндө карама-каршылыктуу маалыматтар түшүүдө. Чолпонбек мырза, өзүңүздөн тактасак?

Чолпонбек Турусбеков: Бүгүн (8-апрелде) түшкү саат бир чамасында Баткен чек ара бөлүмүнүн Капчыгай күзөтүнүн аймагында бир окуя катталды. Бул чындык.

Бул аймакта, Ак-Сай айыл өкмөтүнүн тегерегинде, Көк-Таш жана Баткен районуна тиешелүү башка жерлерде ушул мезгилде мындай окуялар тез-тез катталып турат.

Бул жердеги негизги чечилбеген маселе – кыргыз-тажик чек арасынын аныктала электиги. Бүгүнкү күндө делимитация иштери ал жерлерде жүрө элек. Ошонун кесепетинен жаз келгенде, жазгы талаа жумуштары башталганда адаттагыдай эле көп маселелер пайда болот. Бул окуялар чек арачыларга абдан эле түйшүк жаратууда. Жер-суу маселелери боюнча чыр-чатактар тез болуп турат.

Чолпонбек Турусбеков
Бүгүнкү окуя боюнча айтсак, чынында эле Тажикстандын жарандары Кыргыз Республикасынын жерине киришкен. Бул жерде тоонун боорунда эмес, коктуда жол бар. Тажикстандын Ворух анклавы, биздин Ак-Сай айылы, Мачаи айылы, жаңы курулган жол, андан соң Тажикстандын жери башталат. Окуя ошол жерде болуп жатат.

Керекшин деген суу агат. Жыл сайын эле Тажикстандын жарандары ошол суунун боюна, биздин жерибизге унаалары менен келишет. Кечинде келген учурлары да бар. Кээде түн ичинде келип, таш, кум жүктөп кетишет. Жаз келгенде, үй куруу иштери башталганда биздин жерибизге кирип жатышат.

Бүгүн түшкү саат бирлер чамасында биздин чек ара кызматындагылар ошол жерде жүргөндө тажик жарандарын байкашкан. Алар тажик жарандарынын чек арадагы тартипти бузуп жатканын көрүп, иликтеп, түшүндүрүү иштерин жүргүзмөкчү болушкан. Ошол кезде тажик жарандары күч колдонуп, биздин чек арачылардан курал-жарак тартып алабыз деп ойлошкон. Бул кезде биздин чек арачылар асманга эскертүү иретинде эки жолу ок чыгарышкан. Ошондо Тажикстандын жарандары өз жерине качып кеткен.

Көп өтпөй өздөрүнүн Мачаи айылындагы туугандарына окуяны айтып беришкен. Ошондон кийин саат экилер чамасында Мачаи айылынын жанынан өткөн, Кыргызстандын Баткен – Аксай, Тажикстандын Ворух – Исфара жолдорун тосушат.

Кыргыз-тажик чек арачылары 8-апрелдеги чатакты талкуулашууда.
Ошол кезде биздин Ак-Сай айылынын милиция кызматкерлери унаада баратса, аларды таш менен уруп, терезелерин сындырышкан. Анын артынан келе жаткан дагы бир “Ауди” үлгүсүндөгү унааны да ургулашкан. Биздин жарандар жаракат алган жок, болгону унаалары жабыркаган. Эми эки тараптуу иштер жүргүзүлсө, келтирилген зыяндар да толукталат деп ойлойм.

Көп өтпөй Ак-Сай айылынын тургундары Исфара – Ворух жолун жабышат. Ошол кезде ушундай жаман бир кырдаал түзүлөт. Окуя болгон жерге эки тараптын тең жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, чек арачылары келип, түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, элди тынчтандырышты. Кечки саат алтылар чамасында Исфара – Ворух жолу ачылды. Бирок ал жерде азыр деле чек арачылар өз деңгээлинде иштерди жүргүзүүдө.

Кырдаал көзөмөлдү талап кылат

“Азаттык”: Айрым пикирлер боюнча кыргызстандык чек арачылар чек ара бекетин мыйзамсыз орнотуп, Тажикстандын жарандарын өткөрбөй койгон экен. Жаңжал ошондон улам чыккан дешет.

Чолпонбек Турусбеков: Кайсы жерге пост коюлуптур? Ал жерде эч кандай пост жок. Ал жерде бир транзиттик жол бар. Ошондой эле Советтер союзунан калган административдик чек ара бар. Аны тажик туугандар жана чек арачылар билишет.

Эмне үчүн Кыргызстандын жарандары ошол административдик чек араны бузуп, кирип барып, таш-кумдарды алышпайт? Эмне үчүн Тажикстандын жарандары чек араны жакшы билип туруп, ошол жерге унаалары менен келип, жыл сайын таш ташыйт? Жазгы талаа иштери башталганда ушул окуялар жанданат. Алар таштарды Чоркух, Сурх айылдарына алып барышпайт. Биз алардын таш, кумдарды кайда алып барып жаткандарын көрүп турабыз: булар Исфара, андан ары ири айыл-шаарларына алып барып сатышат.

“Азаттык”: Тилекке каршы былтыр биз кандуу окуяларга күбө болдук. Ушул сыяктуу суу жана башка майда-барат талаштар эмнеге айланып кетиши мүмкүн экенин өз көзүбүз менен көрдүк. Ушундай чырларды болтурбай, ошондой эле чоң жаңжалга жеткирбеш үчүн эмне кылыш керек? Андан тышкары чек арачылар “чек араларды тезирээк бекемдеш керек, аныкташ керек” деп жетекчиликке маалымат берип турушабы?

Чолпонбек Турусбеков: Чек ара кызматкерлери ушундай терс окуялар боюнча жай, жаз келгенде жана чек ара ашуулары ачылганда, кандай коркунучтар болушу мүмкүн экендиги боюнча маалыматтарды алдын-ала тиешелүү жерлерге жеткирип турабыз.

Бизге, чек арачыларга, чек ара аймагы боюнча эки тараптуу мамлекеттик документти бергиле, биз да мыйзамдык жагынан коркпогондой бололу. Биз мыйзамдуу мамлекеттик чек араны кайтарышыбыз керек. Ошондо биз да коркпой, жакшынакай туруп беребиз.

Мен силерге жакшы бир маалымат айтайын. Эртең менен Ошко Бишкектен он үч жигит келди. Кыргызстандын геодезия кызматынан экен. Алар Баткен облусуна барып, Баткен жана Лейлек райондорунда делимитациялоо боюнча жумуштарды баштаганы жатышат. Мындай иш буга чейин боло элек болчу. Биринчи жолу болуп жатат. Эски карталардан мамлекеттик чек араларды тактап, иштерди жүргүзөт. Абдан жакшы нерсе башталып жатат. Ошол жигиттерге ийгилик каалап жатабыз.

“Азаттык”: Демек жылыштар болуп жаткан экен да?

Чолпонбек Турусбеков: Жылыштар бар. Мына бүгүн төрт унаа менен келишти, Баткенге чейин узаттык. Эртең Баткен облусунун губернатору менен жолугушуусу болот.

Биз тажик жана өзбек чек арачыларына рахмат айтабыз. Алар бизге жардам берди. Бул жигиттер эки райондо жумуштарды жүргүзөт. Ушул иштерди тездетип, жакшы өткөрүп алсак, чек араларыбызды билип алсак бизге да жакшы жана оңой болот эле. Ошондо чыр-чатактар азаят.

“Азаттык”: Рахмат.

Кыргыз-өзбек чек арасы: мунаса табылабы?

Кыргыз-өзбек чек арасын тактоо иштери кайрадан жанданышы мүмкүн. Бул маселе 7-апрель күнү Ташкен шаарында эки өлкөнүн тышкы иштер министрлеринин жолугушуусунда талкууланды.

Жолугушууда эки тарап соода-экономикалык кызматташтыктын маанисин белгилеп, суу-энергетикалык жана мүлк маселелери боюнча сүйлөшүүлөрдү тездетүү керектиги айтылды. Жергиликтүү адистер чек ара такталмайынча башка көптөгөн маселелер да чечилбей турганын белгилешүүдө.

Ош облусуна караштуу Кара-Суу районунун кыргыз-өзбек чек арасына жакын айылдын тургуну Жыргалбек Ажыматов чек ара маселелерин өз алдынча иликтеп жүрөт. Жыргалбек бир топ чектеш аймактарды кыдырып чыгып, өзбек чек ара сакчыларынын Кыргызстан аймагына карай жылып келатканын айтып кейиди.

Кыргыз-өзбек чек арасы
- Кыргыз тараптагылар жыл сайын жок эле дегенде жарым, жарым метрден бери көздөй чек ара жылып жатканын айтышат. Базар-Коргон, Аксы, Сузак, Чаткалда адамдар "сарайыбыз калып калды, арыгым бул жакка жылып кетти, теректерим калып кетти" деп ыйлашат. Чек арага жакын аймактардын бардыгынын көйгөйү бирдей экен. Акырындап кирип келатышат.

Өзбекстан айылдарынын эли кирбей эле турат. Алар деле тынч жашасак болду деп атышат. Чек арадагы аскерлер бекеттерин жылдырып коюп, колхоз, совхоздору бар экен, пахта талааларын кеңейтип, уламу-улам казып койгон учурлар көп эле. Чоң бир нерсе чыгып кетпесин деп абдан корком, чочулайм.


Тактала элек жер талашы

Ташкен шаарында Кыргызстан менен Өзбекстандын тышкы иштер министрлери Руслан Казакбаев менен Эляр Ганиев эки тараптуу жолугушуу өткөрдү. Жолугушуу Европа биримдиги - Борбор Азия өлкөлөрүнүн тышкы иштер министрлеринин жыйынынан соң болду.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, анда министрлер чек араны делимитация жана демаркация иштери боюнча өкмөттөр аралык комиссиянын ишин жандандырууну колдошорун айтышты.

Кыргыз-өзбек чек арасындагы "Достук" бекети
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетине караштуу Чек ара аскерлеринин башчысы Закир Тиленов негизги маселе чек аралардын такталбаганында болуп жатканын айтууда.

- Такталбаган жерде ушундай талаш-тартыш болуп жатат. Биздин жарандар ал тарапка, алардыкы биз жакка өтүп кетүүдө. Мал өтүп жатат. Эки мамлекеттин ортосундагы чек арачылар сүйлөшүп, талаш-тартышка барбаш үчүн түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатабыз. Менин маалыматым боюнча бүгүнкү күндө кыргыз-өзбек чек арасында 320 чакырымдай жер тактала элек.

Бул эки өлкө ортосунда чек араны тактоо иштери мындан 10 жылдай мурда башталган. Ошондон бери 1300 чакырымдан ашуун келген чек ара тилкесинин 994 чакырымы такталган. Маселе ортодогу талаштуу делген жерлерге келгени мына ушинтип жылбай турат.

Жанданды, бирок жылыш жок

2009-жылдын этегинде ошол кездеги өкмөт башчы Данияр Үсөнов баштаган топтун Ташкендеги сүйлөшүүлөрү учурунда бул маселе да козголуп, тараптар чек ара тактоо иштерин кайра жандандырууну макулдашкан болчу. Адистер мындан көп деле иш алдыга жылбаганын белгилеп келишет.
Чек арага жакын аймактардын бардыгынын көйгөйү бирдей экен. Акырындап кирип келатышат.


Кыргыз өкмөтүнүн регионалдык маселелер бөлүмүнүн мурдагы жетекчиси, адис Саламат Аламанов чек аралар такталып бүтпөгөндүктөн аны коргоо боюнча каражаттарды пайдалануу да мүмкүн болбой жатканын айтат.

- Эң негизгиси эки тарап тең кайсы иш кагаздардын негизинде тактайбыз деген бирдей бүтүмгө келе элек. Тараптардын бири-бирине койгон талаптары эки башка болуп, мунаса табылбай жаткандыктан ушул убакытка чейин көп жерлер такталбай келатат.

Кызматташтыктын мүмкүнчүлүктөрү кенен

Эки өлкөнүн тышкы иштер министрлери чек ара маселесинен сырткары соода-экономикалык кызматташтыктын маанисин белгилешти. Ошондой эле жолугушууда суу-энергетикалык жана мүлк маселелери боюнча сүйлөшүүлөрдү тездетүү керектиги айтылды.

Кыргыз тарап Өзбекстандан жер семирткич ташууну, жарандардын ошол өлкөгө кирип чыгуусундагы бардык келишимдердин аткарылышын сурады. Эки тарап тең аймактык коопсуздук, көп тараптуу уюмдардын алкагында кызматташуу боюнча пикир алмашты.

Борбор Азиядагы эркин базар институтунун жетекчиси Мирсулжан Намазалиев Кыргызстан менен Өзбекстандын кызматташуусун соода-экономикалык жактан көрөт.

- Минералдык ресурстар бир тараптуу эле кетип атат. Бизде газ, же мунай жок да. Андыктан газдын кайсы бир өлчөмүн Өзбекстандан алабыз. Бирок биздин мамилелер муну менен токтоп калбайт. Себеби Өзбекстанда 27 млн. калк жашайт. Бул деген өтө чоң базар, абдан чоң рынок. Кыргызстан аркылуу өтүп жаткан товарлардын бардыгы өзбек элине, же андан ары башка өлкөлөргө да транзит түрүндө да кетсе болот деп эсептейм.

Жергиликтүү адистер чек ара такталмайынча башка көптөгөн маселелер да чечилбей турганын белгилешүүдө. Ал эми биз башында маектешкен Кара-Суу районунун тургуну Жыргалбек Ажыматов бул маселе жөн эле кеңседе отуруп алып чеччү маселе эмес экенин белгилөөдө.

- Аткаминерлер ошол эле Өзбекстандан карталарын алып келип чек ара бойлой басып, өздөрү көрүп тактап, конкреттүү иш-чараларды көрсө жакшы болот эле. Бишкекте отуруп алып чечкенге такыр болбойт.

Кыргыз-өзбек чек арасын тактоо иштери кайрадан жанданышы мүмкүн. Бирок ортодогу сүйлөшүү иштердин дагы канчага созулары белгисиз бойдон.

Назарбаев ант берди

8-апрел - жума күнү казак лидери Нурсултан Назарбаев кезектеги жолу ант берди. Бул жолку үлкөн иш-чара чет жердик бир да расмий өкүлдүн катышпаганы менен эсте калды. Жергиликтүү оппозиция кечигүү менен шайлоону тааныбай турганын жарыялады.

Нурсултан Назарбаев жума күнү кезектеги мөөнөткө Казакстандын президенттик тактысына отурду. Ант алуу аземи Астанадагы Көз карандысыз сарайында өттү. Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Куандык Турганкулов Назарбаевге президенттин күбөлүгүн тапшырып, төшбелги такты.

Казакстан элине ант бергенден кийин Назарбаев 3-апрелде өткөн кезексиз шайлоого баасын айтып, «өткөн шайлоолор уюшулушу, демократиялуулугу жагынан азыркы Казакстандын тарыхында гана эмес, эксперттердин айтымында, бүт Борбор Азияда эң мыкты болду», - деп билдирди.

Мамлекеттик телеканалдар аркылуу түз көрсөтүлгөн ант берүү аземинде Нурсултан Назарбаев «бул шайлоодо биринчи жолу каралоо пиары болбогонун» белгиледи.

Ал ошондой эле парламенттин ыйгарым укуктарын кеңейтүү, өкмөттүн жоопкерчилигин арттыруу, шайлоо жараянын өркүндөтүү зарылдыгын айтып өттү.

Сырттан бир да президент келбеди

Назарбаевдин бул жолку ант алуу салтанаты четтен президенттик даражадагы бир да адамдын келбегендиги менен эсте калды. Кала берсе колтугунда турган борборазиялык бир да мамлекеттен президент да, премьер-министр да катышкан жок. Салтанатта бир гана Москванын мурдагы мэри Юрий Лужков жүрдү.

Назарбаевдин 2006-жылдагы такка отуруу аземине президенттер Владимир Путин, Виктор Ющенко, Курманбек Бакиев, Хамид Карзай, Эмомали Рахмон, Ислам Каримов жана Михаил Саакашвили катышканын эске сала кетели.

Быйыл кышта өткөн Беларус президенти Александр Лукашенконун ант берүүсүнө да эч бир президент келген эмес.

Казак оппозициясы эмне дейт?

Дээрлик бир аптадан бери Нурсултан Назарбаев куттуктоолор менен ак тилектердин кучагына батып жаткан кезде казакстандык оппозиция кыйла кечигүү менен болсо да шайлоолордогу бурмалоолор тууралуу үн катты. Мисалы, жалпы улуттук социал-демократиялык "Азат" партиясы шайлоодон 3 күндөн кийинки билдирүүсүндө бийлик тарабынан администрациялык ресур колдонгону жана шайлоо күнү байкоочулардын укуктары чектелгенин белгиледи.

Катталбаган оппозициялык "Алга" партиясынын лидери Владимир Козлов Алматыда 6-апрелде өткөн басмасөз жыйынында президенттик шайлоону тааныбайбыз деп келип, аны «акыйкатсыз, демек, мыйзамсыз» эсептерин жарыялады.

«Мөөнөтүнөн эртелей өткөн шайлоодо ар кандай бурмалоолорго сан жетпей калды. Айланма добуш берүүлөрдөн тарта бюллетендерди тобу менен урналарга таштамай, документи жок адамдардын өзүнөн тышкары башка адамдар үчүн добуш бермейлери, байкоочуларды шайлоо участокторуна киргизбей коюу ж.б. у. сыяктуу көрүнүштөр катталды», – деп айтылат "Элдик бийлик" аталган блоктун саясый билдирүүсүндө.

Нурсултан Назарбаев 1989-жылдан бери оболу Казакстан компартиясынын биринчи катчысы, андан кийин эгемен Казакстандын алмашкыс президенти катары баш-аягы 21 жыл бою бийлик башында келатат.

Эля: Үйгө чейинки узак сапар

7-апрел чет жакта жүргөн кыргыз жарандарынын тагдырына да өчпөс из салды. Алардын бири – Алматыда иштеп жүргөн кыргыз кызы Эля. Былтыр дал ушул күнү Эля капарында эчтеме жок Алматыдан Бишкекке жөнөбөйбү. Анан айтылуу Ажардан бетер коколой башы менен талаалап калганы...

- Чек арага чейин такси менен келдим. Ошол жерде шамшум этип алайын деп бажыкананын жанындагы ашканага кире калсам, баары кадалып өрт чалган Бишкекти карап отурушуптур. Дендароо болуп калдым. Казак таксисттери «акыл-эсиң жайындабы, ал жакта согуш болуп жатпайбы!» дешти. Ойлонуп туруп, кете берейин дедим. Анткени баары бир Алматыга кайтып келип, чыдап отура албайт элем.

Ошентип Эля кыргыз тарапка өтөөрүн өтүп алып, кайра кайта албайт. Анткени казак тарап эми артка өткөрбөйт эле. Алдыда болсо көзгө сайса көрүнгүс караңгылык. Өмүрү мынча коркпосо керек.

- Кыргызстан жак капкараңгы, электр жарыгы жок. МАИнин посту да өчүк, такси, маршрутка деген жок. Мен ошол жерде эмне кылышымды билбей калдым. Ушунчалык корктум. Жаман нерсе болуп жатканы асмандан сезилип, абадан жаман энергетика уруп турду, ошону сездим.

Ал аңгыча бажыкана тараптан бир машиненин жарыгы көрүнбөйбү. Даңгыл жолдо уруп-сабап келаткан «Жиптин» алдынан Эля чуркап чыгат.

- Мен жөө кетип баратып, утур-утур бажыкана жакты карап жаттым, ошол жактан өткөн унаалар болсо тосоюн деп. Бир убакта унаанын жарыгы түшүп, мен тосо электе эле өзү токтоп калды. «Что тут делаешь, садись быстро!» деп айдоочу орусча кыйкырып, титиреп, катуу айдап баратты. Мобильныйына тынбай чалып жатышты. Бир маалда жолдун чекесине машинасын токтотуп, номерин чече баштады. Мен кыйкырып жибердим. «Сизди өлтүрөйүн, зордуктайын деген оюм жок. Бизди кармаса ишибиз бүтөт» деди. Титиреп-калтырап жатып чала эсимде калганы, номеринде 00 деген сандар бар болчу. Ак үйдө иштеген бала экен, кийин айтты.

Азыр эстесе, жаны чыккан айдоочу Ак үйдөн безген дагы бир күркүлдү Казакстандан ары жакка өткөргөнү алып келсе керек го. Дагы жакшы, ыймандуу айдоочу тура, ушул ызы-чууда жолдо сербелеңдеген кызды ким убара тартып ала кетмек?

- Улам бирөөлөр телефон чалып, кыйкырып сүйлөшүп жатышты. «За тобой охотятся» дегендей сөздү угуп калдым, сөгүнүп айтты, мен бул жактан кетем, жоголом азыр деди. Мени ГЭС-2ден андан ары өзүңүз жетиңиз деп түшүрүп койду. Анткени Кара-Балтага башка жол менен кетем деди. Менин оюмча, ал бала Казакстанга бирөөнү жеткирип барып келди. Анткени азыр эле кирип чыктым деди.

Бирок Эля Бишкекке жеткени менен али үйүнө чейин сапар алыс эле. Демейде киши башына экиден туура келүүчү таксилерден бүгүн биринин да дайыны жок. Бактысы бар экен, алардын бирөөсүн шаар четине кудай айдап келгендей эле болуптур.

- ГЭС-2де да караңгы эле. Бир машине бирөөлөрдү жеткирип келип, ары жака кетейин деп бурулуп жатканда мен жол ортосуна туруп алып токтоттум. «Учкунга» (Бишкектеги кичи район – автор) жеткирип койчу десем, ал жакка барбайм деди. Мени жеткирбесеңиз, көчөдө калам, кантип жетишимди да билбейм десем, канча бересиң дейт. Мен бааларын билбейм. Баасын айтты, макул, канча болсо дагы үйгө жеткирсеңиз болду дедим. 2 миң теңгедей бердим болуш керек.

Үйүндө Эляны бир туугандары көз жашын көлдөтүп тосуп алганына азыр таң калып болобу? Сыналгы аркылуу Ак үй алдында жайраган балдарды көрүп, ал күнү ыйлабаган адам калбаган чыгаар.

- Баары урушуп, эмне ушундай кеч келесиң дешти. Өлгөн адамдарды көрүп, ыйлай баштадым. Анткени, үйдөгүлөрдүн баарынын көзүнө жаш келди. 1-2 күндөн кийин кайра кетишим керек болчу. Чыгайын десем, теледен Өзбекстан, Казакстан чек арасын жапты деп айтылды.



Акыры Элянын артка кайтаар күнү келди. Ансыз да ишине кечикти, дагы кечиксе, ишинен такыр кол жуумак. Бирок казак тарап чек арасын, элестүү айтканда, чычкан мурду жөргөлөгүс кылып бүтөп салган эле. Бирөөлөр өтүп жатканын кыргыз кызы байкаптыр, бирок өзү өтө алган жок.

- Бажыканага келсем, жабык деп өткөрбөй коюшту. Кайра үйгө келдим. Ошентип бир жума үйдө болдум. 15инде чыгып кайра «Ак Жол» бажыканасына барсам, эч кимди өткөрбөй жатышкан экен. Эгерде товар, же балаң жок болсо 15-20 миң теңге берип өтүшүң мүмкүн, эгер тааныш тапсаң деп бери жактагылар айтышты.

«Ак Жол» чек арасынан өтө албаган соң Эля аркы Канттан өтөм деген үмүт менен ал жакка барганы. Бул жерде да топтошкон кишилер. Өчөшкөнсүп ал күнү чек арачылар да тынбай шимшилебейт бекен. Ал ортодо Алматыдан тынбай чалышып, ого бетер беймаза кылып жатышты. Эми бир гана айла - чек араны жөө-жалаңдап мыйзамсыз бузуп өтүү жагы калган эле. Эля тобокел деп ошол акыркы кадамга батынды.

- Чек арачылар тынбай ары-бери каттап жатышты.Кыргыз балдар кечкурун өткөрүп коёлу, бирок андан аркысын билейбиз дешти. Алар кеткенден кийин ойлонуп отуруп, ары басып карасам, Казакстандын айылы алыс көрүнгөн жок. Сумкамдын ичинде паспорт, керектүү документтерим бар болчу. Эгер сумкамды ыргытсам, өзүм секирем, же кечем, же өтөм деп ойлодум. Сумкамды ыргытып, ары жакка секирип өткөнгө аракет кылдым. Бирок баткакка кулап, талдарды кармап отуруп, биринчи суудан өтүп кеттим. Дагы бир канча суу бар болчу. Ошентип, ар бирөөнөн өтүп жүгүрүп келе жатсам, Казакстандын чек арасы болуп калды, ал жакта кой жайып жүргөн бир бала жүрүптүр.

Казак уланы дагы ыймандуу экен. Башка бир кыянатчыл неме болсо чек арачылардын колуна салып берип, балким, сыйлык да алмак. Ал болсо апайын, кыргызча айтканда, эжесин бар балээден калкалап калган экен.

- Бул жакка кел деп чакырды. Жүгүрүп барып, малдардын жанында көрүнбөй турдум. Анткени, качсаңыз ок чыгарышы мүмкүн деп айтты. Ал жолду көрсөттү, сай сыяктуу эңкейиш жер бар экен. Ошол жакка кирип, акырындан жылып кете бердим. Муздак сууну кечип, андан ары өтсөм Казакстандын айылына чыгып калдым. Бирок айылга жеткенде саз бар экен, тиземе чейин баткакка батып чыксам, кийимдерин булганды, куладым. Билген келмемдин баарын бардык тилде айтып чыктым ойшойт.

Башканы билбейм, Элянын аңгемесине кулак салып отуруп, жазуучу Касымалы Баялиновдун ай талаада карышкырга таланган айтылуу Ажарынын элеси бир сыйра көз алдыма келди. Иши кылса, колдоочусу барбы, Эля акыры Кордойго, андан ары Алматыга жетип кулаганы:

- Жардан тырмышып жолго чыксам, чачтарым жазылып кеткен, бүт денем баткак. Машине тоссом, эч ким албайт. Ошол күнү тамак да ичкен эмесмин жүрөгүмө тамак барбай. Теңселип турсам, мас деп ойлошсо керек. Аягында карыган киши аялы менен токтошту. Унчукпай айылдын борборуна жеткирип коюшту, акча да алышкан жок. Ичкен, же жаман жолдо жүргөн бирөө деп ойлошсо керек, аяганынан жеткирип койду окшойт. Айылда товар алып БУСик келип калды, ар бир айылдагы дүкөнгө ташташат экен, кайтып бара жатыптыр. Мени Кордойго чейин ала кетишти, акчасын төлөп, Кордойдон таксиге түшүп, Алматыга жеттим. Эч нерсе сүйлөбөйм, бирөөнү карагандан да уялам. Ошентип Алматыга жетип эле куладым. Түнү катуу ооруп, жөөлүп, кусуп, бир жума башымды көтөрө албай төшөктө жаттым.

Азыр эми Эля ишим дурус эле дейт. Эл-жерине барып-келип турат. Жакындан бери казак паспортун алуу ниети пайда болгонун кеп ортосуна кыстара кетти:

- Ошол күндөр такыр эсимден чыкпайт. Күнү бүгүнкүдөй элестетем. Казак паспортун алганга мурда мүмкүнчүлүгүм бар болчу, бирок мен алгым келчү эмес, анткени баары бир өз жериме кетем деп ойлоп жүрдүм. Бирок акыркы абалды карап туруп, ойлоно баштадым бул жерде калганым туура болот окшойт деп. Бизде кыйын болуп калды.

Айтору, былтыркы апрел Элянын бүт сезимине ширелип, өмүр бою эсинен чыккыс болгон экен. Бирок аны эми башка нерсе дайыма капа кылып, ызасын келтирип жүрүптүр.

- Казакстан телеканалардында Кыргызстанда кандай жашашат, биз кандай жашап жатабыз деген нерсени көп көрсөтүшөт. Мисалы, жаңылык башталганда Кыргызстандан башташаарын биз дароо билебиз, азыр жаман нерсени айтып, салыштырышат деп. Анткени контрастты көрсөтүш керек буларга. Өлүп жаткан балдарды көрсөтүп, экрандын бурчуна Назарбаевдин мына биз Казакстан гүлдөп, эң алдыңкы 50 мамлекеттерге киребиз деп сүйлөп жатканы ушунчалык менин ызамды келтирди. Ушундай жаным кейип, ызадан ыйладым. Бир да улутту жамандагым келбейт. Анткени мен Казакстандан көп жакшы нерсеге жеттим, көп нерсени үйрөндүм, жакшы адамдар көп. Бирок эл башчысынын, аны элбасы дейт го, айткан сөздөрү жаман бир тууганды жамансынтат го кыргыздар, ошондой болду...

Мына окурман, былтыркы апрель кезеңи сезимине из калган кыздардын бири. Алматыдагы ишин, чек арадан өткөнүн уккан соң, эми эмне себептен өз атын өзгөртүп, тек гана Эля деп атап, неге сүрөтүн койбогонубузду түшүнүп жатсаңыздар керек...

Кыргыз ыңкылабы жана Борбор Азия

Былтыркы апрель окуяларын Борбор Азиянын демократиялык күчтөрү ыңкылап катары кубатташса, бийликтери терс мүнөздөшкөн.

Айрым саясат таануучулар муну Кыргызстандагы саясий жараяндар Борбор Азиянын авторитардык режимдерин чочулатканы менен түшүндүрүшкөн эле.

Бир жыл өткөндөн кийин алар кыргыз ыңкылабынын аймакка азырынча анчалык таасири тийбегени менен тажрыйбадан өтүп жаткан парламенттик башкаруу системасы ийгилик таап кетсе, Борбор Азия үчүн үлгү боло аларын белгилешүүдө.

“Азаттык” үналгысынын кабарчысы жетинчи апрелдин бир жылдыгын утурлай борбор азиялык айрым саясат таануучуларды кепке тартып, оболу бир жылдан бери Кыргызстанда орун алган жараяндарды эске алганда ал окуяны ыңкылап деп атоого болобу деген суроо узатты?

Системаны өзгөртүү аракети

Москвада жашаган түркмөн саясат таануучусу Фархат Ильясов мындай дейт:

- Ыңкылап деп бийликке башка социалдык класс, башка социалдык топ келгенде айтышат. Эгер бул жерде социалдык топ деп кайсы бир кландарды, саясий топтор менен биримдиктерди эске алсак, бир аз кыйналуу менен ыңкылап деп атоого болот. Мен түшүнгөндөн Кыргызстанда принцибинде саясий төбөлдөр ич ара атаандашты. Мисалы мурдагы президенттер Акаев менен Бакиевдин кландарын Кыргызстанды башкарган топтор деп атап койсок болот. Алардын ордуна башкалар келди. Бирок бийликтин, ресурстун бөлүштүрүлүшү радикалдуу мүнөздө кетти. Андыктан ыңкылап деп атасак болчудай.

Досым Сатпаев
Ал эми казакстандык саясат таануучу Досым Сатпаев апрель окуяларын ыңкылап болбосо да, алга жылуу деп эсептейт:

- Казакстанда Кыргызстандагы окуяларга ар кандай баа беришет. Бирок мен кандай кыймыл болбосун бир орунду таптагандан көрө алга жылуу жакшы деп эсептейм. Анткени Кыргызстанды биз азыр дүйнөнүн башка аймактарынан, Жакынкы Чыгыштан, Түндүк Африкадан көрүп жатабыз.

Биздин коңшубузда жүрүп жаткандар саясат таануучулар үчүн да кызык жараян. Анткени Борбор Азияда салттуу түрдө иштеп келген саясий системадан такыр айырмаланган башка моделди жаратуу аракетин байкоодобуз. Башкача айтканда парламенттик республика түзүү аракети – албетте чечкиндүү кадам.

Тажикстандык саясат таануучу Саймудин Дустов апрель окуялары ыңкылап деген турумда:

- Кыргыз эли жасаган нерсе – нукура ыңкылап. Бул элдик ыңкылаптан кийин мамлекеттик башкаруунун жаңы түрүн ишке ашыруу чечими кабыл алынганы да чоң жетишкендик. Ал эми кыргызстандыктардын дайыма эле түшүнүктүү боло бербеген жараяндарга тартылып жатканына, буга кошумча экономикалык кырдаалдын эл күткөндөй эместигине карабай Ливиядагыдан айырмаланып, мисалы нан, турак-жай, оюн-тамашадан да жогору турган, саясий укук, эркиндик деген баалуулуктар бар болгонун көрсөттү.

Өзбекстандык саясат таануучу Фархад Толибов болсо былтыр апрелде Кыргызстанда эки нерсе аралашып кеткен деген ойдо:

- Бул Кыргызстан үчүн да, Борбор Азия үчүн да уникалдуу окуя. Бул окуяларды ыңкылап деп аташ үчүн ыңкылапты башка ушул сыяктуу көрүнүштөрдөн айырмалоочу аргументтер жетишпейт.

Бул ошондой эле элита ичиндеги төңкөрүш же ушул өңдүү да нерсе эмес. Эгер төңкөрүш, бир элитанын экинчи элита менен алмаштырылышы болсо, анда элдин козголоңу ачык көрүнмөк эмес. Андыктан, менин көз карашымда, бул кыйла эле өзгөчөлөнгөн окуя. Бул жерде элдин козголоңу, нааразылыгы элитанын белгилүү бөлүгүнүн бийлик үчүн күрөшүнүн элементтери менен аралашып кеткен.

Фархад Талибов ага катар “Азаттыкка” курган маегинде Кыргызстан мындай окуяларга “мамлекеттүүлүгүнүн жана мамлекеттик институттарынын алсыздыгынан” улам кабылганын кошумчалады.

Эмоция бар, жылыш жок

Былтыр Кыргызстанда бийлик экинчи ирет ыңкылап жолу менен алмашканда, бул окуя боюнча коомчулук алдындагы ачык пикирин Борбор Азиянын калган төрт президентинин ичинен казак мамлекет башчысы Нурсултан Назарбаев гана билдирген. Ал ошондо Алматыдагы медиа форумда сүйлөгөн учурунда апрель окуяларына терс баасын берип, Кыргызстандагы бийлик алмашууну ыңкылап деп эсептебесин айткан айткан эле.

Саймудин Дустов
Кечээ жакында дагы бир мөөнөткө президенттикке кайра шайланган Назарбаевдин кеңешчиси Ермухамет Ертысбаев америкалык Foreign Policy журналында жарыяланган интервьюсунда "Кыргызстандагы эки ыңкылап Казакстанга эч таасир тийгизген жок” деп ырастады.

Түркмөнстандык саясат таануучу Фархат Ильясов апрель окуяларынан аймакка таасир тийди, бирок ал эмоция деңгээлинде гана болду деп эсептейт:

- Менимче интеллигенциянын абдан эле жука катмары албетте көңүл бурду. Кандайдыр бир деңгээлде бул аларга эмоционалдык жактан таасир берди, толкундантты. Бирок жалпысынан Борбор Азия өлкөлөрүндө революциялык потенциал жок болгондуктан радикалдуу таасир тийген жок. Кандайдыр бир деңгээлде эмоционалдык гана түрткү берди, бул балким келечекте өзүнүн кандайдыр бир ролун ойношу мүмкүн. Бирок Борбор Азиянын башка өлкөлөрү социалдык жактан даяр болбогондуктан жана реалдуу оппозициянын жоктугунан улам бул түрткүнүн жакын арада социалдык-саясий кесепеттерди берери арсар.

Өзгөрүүлөр убакытты талап кылат

Казакстандык саясат таануучу Досым Сатпаев “Азаттыкка” курган маегинде белгилегендей, Кыргызстандагы апрель ыңкылабынын жана андан кийинки жараяндардын Борбор Азияга чыныгы таасири өлкөдө жаңы түптөлө баштаган парламенттик башкаруу системасы толук кандуу иштеп кетсе гана тиет:

- Эгер ишке жарамдуу парламенттик республика түзүлө алса, анда биздин өлкөлөрдө активдүү айтылып келинген эски мифке абдан сокку урат. Ал миф Борбор Азия өлкөлөрү үчүн жалгыз гана башкаруу системасы: бийликтин башка бутактарын да көзөмөлдөгөн күчтүү президенттик бийлик гана ылайыктуулугу жөнүндө. Эгер Кыргызстан бул жомокту буза алса, жок дегенде ушул нерсе чоң пайда болот. Анда Борбор Азиянын калган өлкөлөрүндө да келечекте, мисалы Казакстанда Назарбаевдин, Өзбекстанда Каримовдун бийлигинен кийин балким кимдир бирөө парламенттик республика моделин ишке ашырууну сунуш кылат.

Бишкек, 8-апрель, 2010-жыл
Өзбекстандык саясат таануучу Фархад Толибов “Азаттыктын” кабарчысы менен маегинде ар кимисинин өз айырмачылыгы болгондуктан, Борбор Азиянын калган өлкөлөрүнө саясий өзгөрүүлөр Кыргызстанда орун алгандай формада келиши арсардыгын белгилеп, буларга токтолду:

- Биз албетте баарыбыз тышкы байкоочуларбыз жана парламенттик моделди түзүү боюнча Кыргызстандагы экспериментке кызыгуу менен байкоо салып жатабыз жана бул экспериментке ийгилик каалайбыз. Парламенттик же президенттик системада болуу Кыргызстан үчүн балким биринчи эмес, экинчи маселе.

Биринчи маселе мамлекет өз функцияларын толук кандуу аткарышы, аймагын толугу менен көзөмөлдөшү. Оштогудай окуялар кайталанбашы үчүн саясий стабилдүүлүктү калыбына келтирүү зарыл. Мамлекет салыштырмалуу күчтүүрөк болушу керек. Кокус Кыргызстандын тажрыйбасы ийгиликтүү чыкса, албетте коңшу өлкөлөрдүн көңүлүн бурдурат. Ал тажрыйба кабыл алууга жарайбы же жокпу ошондо сөз кылууга болот. Бирок буга али көп бар.

Нурсултан Назарбаев медиа форумда Кыргызстандагы ыңкылапты сынга алган, 27-апрель, 2010-жыл
Дүйшөмбү шаарындагы “Индем” аналитикалык борборунун башчысы, тажикстандык саясат таануучу Саймудин Дустов Борбор Азиянын калган өлкөлөрүндө да саясий өзгөрүүлөр күтүлөт, кандай натыйжа берерине карабай Кыргызстандын тажрыйбасы колдонулат деген ишенимде:

- Албетте Борбор Азиянын автократиялык режимдери өз коңшуларында башкаруунун жаңы формасы пайда болгонуна кубанычта эмес. Бирок автократиялык режимдер эмнени кааларына, алардын режимдери туруктуу болушу үчүн эмне чараларды көрөрүнө карабай, жакынкы төрт-алты жылда Борбор Азияда өзгөрүүлөр болот. Бул өзгөрүүлөрдүн бир фактору катары кыргыз ыңкылабы жана Кыргызстандын башкаруу формасы кызмат кылат.

Бийлик кооптонот

Казакстандык саясат таануучу Досым Сатпаев Борбор Азиядагы коңшулары апрель ыңкылабы өлкөнүн саясий турмушуна алып келген өзгөрүүлөрдүн буруш жана дурус жактарына ынанышы үчүн кеминде беш жыл талап кылынат деп эсептейт. Бирок бул үчүн саясий өзгөрүүлөрдүн эпкини эл турмушуна да тийгени байкалуусу керек:

- Коньюктуралык эмес, узак мөөнөткө иштөөчү саясий институттардын калыптанышы үчүн чынында эле беш жыл керек. Бул мезгил белгилүү бир саясий маданият жаралышы, башкаруучулар, анын ичинде саясий башкаруучулар пайда болуусу үчүн зарыл.

Бирок экинчи жагынан Кыргызстан үчүн саясий эксперимент эле эмес, экономика менен да алектенүү чоң мааниге ээ. Анткени натыйжа берүүчү экономикалык реформаларсыз бир да саясий долбоор көпкө жашабайт. Муну дүйнөлүк тажрыйба да көрсөтүүдө.

Экономикага келгенде, өлкөнүн экономикалык системасы да жакынкы беш-алты жылда орто катмар жаралгыдай болуп түзүлүүсү керек. Себеби кирешелериндеги ажырым азыркыдай чоң болуп, калктын чоң бөлүгү жакырчылыкта жашап жатканда, бир дагы система өзүн туруктуу сезе албайт.

Былтыркы апрель окуяларын аймактын маалымат каражаттары да ар башка өңүттөн чагылдырышкан. Бийликтин көзөмөлүндөгү маалымат каражаттар ага көңүл бурбагандай түр көрсөтүшкөн, кокус көңүл бурушса да терс жагынан көрсөтүүгө умтулушкан. Анда мунун жүйөсүн саясат таануучулар чөлкөмдүн авторитардык лидерлеринин бийликти Кыргызстандагыдай жол менен алмаштырылуусунан чочулоосу катары түшүндүрүшкөн.

Кыргызстан араб дүйнөсүн шыктандырдыбы?

Кыргызстандагыдай эле, Түндүк Африка менен Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүндөгү толкундоолор талап-тоноо жана имараттарды өрттөөлөр менен коштолду. Сүйрөттө: Бишкек, 7-апрель, 2010-жыл

Кыргызстанда 2010-жылдын 7-апрелинде болгондой окуялар жети айдан кийин Түндүк Африка менен Жакынкы Чыгыштагы араб өлкөлөрүндө кайталанды. Араб дүйнөсүнүн ар кайсы бурчунда элдик толкундоолордун эпкини али басыла элек. Мындан улам Кыргызстандагы апрель ыңкылабы башка калктарды да авторитаризмге каршы көтөрүлүүгө шыктандырды деп эсептегендер да бар.

Борбор Азиядагы Кыргызстан менен Жакынкы Чыгыш жана Түндүк Африкадагы араб өлкөлөрүнүн саясий жана социалдык жактан өнүгүү тарыхы бөлөк. Бирок ыңкылаптарында ички болбосо да, бир канча тышкы окшоштуктары байкалды.
Борбор Азияда өкмөткө каршы оппозициянын деңгээли анчалык деле кубаттуу эместей.
Жон Шоберлейн


Биринчиден, эки жакта тең эл башкарууда авторитардык ыкманы колдонгон, бийлик системасына бала-чакасын, урук-жилигин аралаштырып жиберген, бир кландын ичиндегилер байыган, калгандар жакырланган түзүлүшкө каршы чыгышты.

Экинчиден, Кыргызстан сыяктуу эле араб дүйнөсүнүн президенттери ыңкылап жолу менен бийликтен кулаган эки өлкөдө: Египет менен Тунисте да саясий реформалар жүрүүдө. Утурумдук бийлик армиянын колуна өткөн Египетте Кыргызстан сыяктуу жаңы Конституциясын тез эле кабыл алышты. Египетте да жаңы Баш мыйзамдын долбооруна ичи чыкпагандар жок эмес, ага карабай өлкө парламенттик шайлоого камынып жатат.

Тунис жаңы Конституциясын кабыл алууга үлгүрө элек, бирок парламентке жаңы шайлоо июль айына белгиленди.

Тунис, 18-январь, 2011-жыл
Үчүнчүдөн, Тунисте “Жасмин” деп атап коюшкан ыңкылапка алып келген окуялар Кыргызстандагыдай болуп өлкөнүн аймактарында башталды. Кыргызстанда парламенттик шайлоого чейин ыңкылапчыл күчтөр алар “бакиевчилер” деп атап койгондорду бийликке келтирбөө боюнча кыймыл уюштурушса, Тунисте “биналичилерден” тазаланууну талап кылган жараян азыркыга чейин уланууда.

Төртүнчүдөн, Кыргызстанда, Египет менен Тунисте да ыңкылаптарда жаштар, интернет маанилүү роль ойноду. Маселен, Египетте отуз жыл ашуун бийликте отурган президент Хосни Мубарактын кулашына алып келген окуялар интернет аркылуу калкты мобилизациялоого жардам берген социалдык сайттын атынан - "Фейсбук ыңкылабы" деп да аталып калды.

Кыргызстан менен араб дүйнөсүндөгү ыңкылаптардын кеминде төрт тышкы окшоштугу болсо, бирин-экин айырмачылыктары да жок эмес.

Бишкек, 8-апрель, 2010-жыл
Кыргызстанда кулатылган президент бийлигин расмий тапшырганча бир нече күн өткөнү менен, ал де-факто бийликтен бир эле күндө кол жууса, Египетте бул бир нече күндү талап кылды.

Кыргызстанда оппозициянын Бириккен элдик кыймылы ыңкылап алдында элди ага мобилизациялоодо чечүүчү роль ойносо, Египет менен Тунисте саясий күчтөр менен оппозиция лидерлери элдик козголоң артка кайткыс түр алгандан кийин гана ачык колдоо көрсөтө башташты.

Кыргызстанда утурумдук бийлик дароо эле оппозициянын колуна өтсө, Египетте армия, Тунисте болсо мурдагы режимдин президенттен башка өкүлдөрүнөн куралган өкмөт алды.

Кыргыздар арабдарды шыктандырдыбы?

Кыргызстанда апрель ыңкылабынын араб элдерине тийгизген таасири жөнүндө президент Роза Отунбаева да айтууда. Ал апрель окуяларынын бир жылдыгына арналган жыйында белгилегендей, Кыргызстандын жолу Жакынкы Чыгыш менен Түндүк Африкада авторитаризмге каршы массалык чыгуулар үчүн үлгү болду.

Апрель окуяларынын глобалдык феноменге айланганы жөнүндө “Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев да утур-утур айтып келүүдө. Бирок Египет менен Тунисте мындай пикирлер менен макул болгондор барбы? Каирдеги Америка университетинин профессору Амин Хуссеин мындай дейт:

Египет, Тахрир аянты, 8-январь, 2011-жыл
- Бул ыңкылап аралык алыс экендигине карабай араб дүйнөсүндөгү, өзгөчө Египет менен Тунистеги жаштардын ойгонушуна кандайдыр бир деңгээлде таасир бергенинде шек жок.

Көптөр Кыргызстан менен Египеттеги окуялардын ортосунда түз байланышты көрбөгөнү менен, менимче, жакшы жашоо издеп чыккан адамдар бирдей сезим менен чыкканы талашсыз.

Албетте түз байланыш жок, бирок өзгөчө бул жерде Кыргызстанда эмне болгонун билгендер окшош элементтерди көрөбүз. Силерде ишке ашкан ыңкылаптын духун адамдар кандайдыр бир деңгээлде бул жакта да кайталашты.

Кыргызстанда бир жылдыгы белгиленген апрель ыңкылабы менен араб дүйнөсүндөгү толкундоолордун кандайдыр бир байланышы барбы деген суроону АКШдагы Гарвард университетинин Борбор Азия боюнча программасынын жетекчиси Жон Шоберлейнге (John Schoeberlein) да жолдодук:

- Мен бул жерде тикелей байланыш бар деп ойлобойм. Биз бүгүн толкундоолор болуп жаткан өлкөлөрдө Кыргызстан деген сөзгө кеңири шилтеме жасашканын уккан жокпуз. Ооба, дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүндө өкмөттү бирөө келип өзгөртөт деп чыдап отура бербөө керек деген маанай күчөп бара жатканы чындык. Ушул нерсе Кыргызстанга, Египетке таасир берди, менимче ушул эле нерсе аймактын башка өлкөлөрүнө да таасир бериши мүмкүн.

Таасири Борбор Азияга эмес, араб дүйнөсүнө

Өткөн бир жылы ичи көрсөткөндөй, Кыргызстандагы апрель ыңкылабынын эпкини Борбор Азиядагы коңшуларда эмес, алыскы араб дүйнөсүндө сезилди. Бирок араб өлкөлөрүндө биринен сала экинчисинде кайталанды. Кыргызстандагы ыңкылаптын айрым президенттеринин бийликте туруу мөөнөтү араб дүйнөсүндөгүлөргө жакындап бара жаткан Борбор Азияда эмес, башка аймакта кайталанышын саясат таануучулар эки-үч себеп менен түшүндүрүшөт.

Бишкек, 8-апрель, 2010-жыл
Гарвард университетинин Борбор Азия программасынын жетекчиси Жон Шоберлейн:

- Мындагы чечүүчү фактор башка өкмөттөр демонстрацияга кандай чекте мүмкүндүк бергендигинде. Борбор Азиядагы репрессиячыл өкмөттөр оппозицияга ой-пикирин билдирүү үчүн дээрлик мүмкүндүк бербегендиги факт. Кырдаал кээ бир өлкөлөрдө айырмалуу болду. Ал эми Борбор Азияда өкмөткө каршы оппозициянын деңгээли анчалык деле кубаттуу эместей.

Москвада жашаган түркмөнстандык саясат таануучу Фархат Ильясов Борбор Азиядан айырмаланып, араб дүйнөсүндө толкундоолор биринен сала экинчисине өтүп кеткен эки аймактын өнүгүү тарыхындагы айырмачылыктардан көрөт:

- Маселе араб дүйнөсү бир түрдүү өнүккөнүндө. Кырдаалдын өнүгүүсү жана бышып жетилүүсү тарыхый жактан узак мөөнөттө болду. Ал жакта кокустан чыккан жана субъективдүү факторлордун, инсандын таасири абдан эле минималдуу. Бизде болсо капыстан чыккан факторлордун таасири абдан чоң. Анткени өлкөнүн өнүгүшүнө бийлик башына кандай лидердин келип калганы радикалдуу түрдө таасир берүүдө. Ошондой эле Борбор Азияда социалдык өнүгүүнүн деңгээли да бир кылка эмес.

Тунис, 14-январь, 2011-жыл
Саясат таануучулар Түркмөнстанда болобу, Казакстан, Өзбекстанда болобу азыркы президенттер бийликте турганда өлкөнү демократиялаштырган реалдуу жана масштабдуу саясий реформалар күтүлбөйт деп боолгошот. Маселен Казакстанда эң жакшы дегенде азыркы президенттик система, балким кайра президенттик-парламенттик системага трансформацияланышы мүмкүн.

Бирок казак президенти Нурсултан Назарбаевдин капыстан мөөнөтсүз шайлоо өткөрүп, бийлигин дагы бир мөөнөткө бекемдөө камын көрүшүн айрым саясат таануучулар, казак оппозициясы узактан бери бийликте турган мамлекет башчыларына каршы араб дүйнөсүндөгү көтөрүлүштөр менен байланыштырышкан.

Чек ара коопсуздугу күн тартибинде турат

Кыргыз-тажик чек арасындагы талаштуу аймак

Акыркы аптада кыргыз-тажик чек арасында эки жолу жаңжал чыкты. Чек арадагы соңку жагдайлардын себеп, кесепеттери жана чек ара коопсуздугу тууралуу чек ара тармагы боюнча адис Саламат Аламанов “Азаттык” менен ой бөлүштү.

"Азаттык": Ушул апта башында кыргыз-тажик чек арасында баңгизат ташып келе жаткандар менен жаңжал чыкты. Кечээ эртең менен болсо Кыргызстандын тартип коргоо сакчылары Тажикстанга бараткан жүк ташуучу унааны текшерүү үчүн токтотуп, ошол маалда жүк ташуучу унаанын ичиндегилер тартип коргоо органдарын Тажикстанга күч менен алып кетүүгө аракет кылышкан. Чек арадагы мындай окуялар эмне себептен чыгып жатат? Бул эмнеден кабар берет?

Аламанов: Биздин чек аралардын кайтаруусу бүгүнкү күндө жетишээрлик деңгээлге жетпегенинен кабар берет. Экинчиден, мамлекеттердин ортосундагы чек ара такталып бүтпөгөнүнө байланыштуу чыгууда. Ошо чек араны коргоого тиешелүү болгон техникалык каражаттарды азырынча колдонууга мүмкүн болбой жаткандыгы ушундай жагдайлардын пайда болушуна алып келди.

"Азаттык": Демек чек ара кызматынын азыркы абалына көз чаптырсак, чек ара коопсуздугу начар абалда деп эсептейсизби?

Аламанов:
Коопсуздук боюнча келгенде начар деп айтууга болбойт. Бирок биздин чек арачылардын саны чек араларды кайтарууга жетишсиз деп айтсак туура болот го.

"Азаттык": Буга чейин чек ара кызматынын курамын 500 адамга көбөйтүү туурасында чечим кабыл алынганы айтылбадыбы? Бул чек ара кызматынын сапатына канчалык таасирин берет?

Аламанов: Бул өзү чек ара кызматынын сапатына чоң эле таасирин тийгизет. Бирок бул деле жетишсиз болот. 500 адам менен ошончолук узундуктагы татаал чек араны таптакыр коргоп калууга мүмкүн эмес. Мүмкүнчүлүк болсо дагы миң киши кошсо, бүгүнкү күндүн жагдайына караганда, ошол туура болот эле деп ойлойм.

Такталбаган жерлер көп

"Азаттык": Марттын башында президенттин АКШга жасаган иш сапарында Баткенде машыгуу борборун ачуу тууралуу сүйлөшүүлөр болгону маалым. Орусия да түштүктө аскер борбор ачуу тууралуу ниеттерин айтып келет. Мындан борборлор чек ара коопсуздугун сактап, аны бекемдөөгө канчалык деңгээлде жардам берет деп ойлойсуз?

Аламанов: Эгерде ошол борбордун максатында чек ара кызматтарынын атайын жумуштары боюнча машыгуу жана окутуу иштери жүргүзүлсө, биздин чек арачылардын иштеги сапаты жогорулайт. Эгерде чек арачыларга багытталган иштерди жүргүзсө, бул сөзсүз түрдө оң натыйжаларын берет.

"
Азаттык":
Кыргызстандын Тажикстан жана Өзбекстан менен чектеш аймактарында талаштуу делген жерлер арбын экен. Бүгүнкү күндө кыргыз-тажик чек арасынын болгону 40% такталганы маалым. Эмне үчүн бул жерлер алигиче такталбай келет? Кезегинде сиз дагы чек араны тактоо боюнча өкмөттөр аралык комиссияны жетектеп келген элеңиз.

Аламанов: Эң негизги себеби, ошо эки тарап чек араны кайсы документтердин негизинде тактайбыз деген бирдей бүтүмгө келе элек. Эки тараптын бири-бирине койгон талаптары эки башка болуп, пикирлери бири-бирине жакындашпагандыктан, ушул убакка чейин көп чек аралар такталбай келип жатат.

"Азаттык": Деги качан такталат деп ойлойсуз?

Аламанов: Бүгүнкү күндүн шартына караганда, мамлекеттердин саясий жетекчилери макулдашып бир пикирге келиши керек. Кайсы жылдагы документтерди негиз кылып алып, делегацияларга тапшырма берип, ошол боюнча иштей баштаса бул маселени тез эле чечүүгө болот. Бирок ошондой чечим алыш үчүн жогорку деңгээлдеги саясий кызматташуу керек да.

"Азаттык":
Рахмат.

Ыңкылап көч башындагы Кыргызстан

2010-жыл, 7-апрель. Ак үй алдындагы кандуу каршылык

Бишкекте бир жыл мурдагы бийлик алмашкан кандуу окуяларды эскерүүгө арналган жыйында авторитардык бийликти кулатуу боюнча Кыргызстандын саясий тажрыйбасынын эл аралык мааниси чоң экени баса белгиленди.

Өткөн жылы Курманбек Бакиевдин бийлигинин кулашына алып келген апрель окуяларында 88 адам курман болду, бир жарым миңдей адам ар кандай жаракат алды.

Жаракат алгандар “Айкөл Ала-Тоо” уюмуна биригишкен. Бул уюмдун мүчөсү Нурлан Алишеров Апрель ыңкылабынын бир жылдыгына арналган эскерүү жыйынга Таластан келди. Ал бир жыл мурда 6-апрелде Таласта расмий бийликке каршы элдик толкундоолор башталганда бул жакка барган ички иштер министри Молдомуса Конгантиев баштаган куралдуу күчтөргө каршы чыккандардын алдыңкы катарында болгон.

- Ошондо жаракат алып, ооруканага жатып калганымда Таластагы туугандардын алды жети токоч салып, куран окуп көмүп койгон экен. Эл аралаган ушактарды уккан болсоңуздар керек, "Конгантиевдин артында турган баланы өлтүрүп кетиптир, мууздап кетиптир" деп. Келинчегимдин эки көзү тең көрбөй калды, өзүмдүн колум жарабайт,-дейт Нурлан.

Президент Роза Отунбаева АКШ лидери Барак Обама менен, 7-март, 2011-жыл
Жыйында чыгып сүйлөгөн президент Роза Отунбаева апрелдеги окуяларга эл аралык реакция алгачкы учурда начар болгонуна карабастан, алар Кыргызстан саясий быкшып жаткан өлкө эмес экенин, кайнаган саясий активдүү процесстердин өлкөсү экенин көрсөттү деп, анын азыркы күндө Жакынкы Чыгыштагы өлкөлөрдө болуп жаткан окуяларга түрткү болгон роль ойногонун баса белгиледи:

- Бир жыл өтпөй Жакынкы Чыгыш, Түндүк Африка өлкөлөрүндө болуп жаткан авторитаризмге каршы көтөрүлүштөр Кыргызстанда 2010-жылы 7-апрелде өткөн окуялардын ролун жана маанисин ачык аныктап, биздин басып өткөн жолубузду ошол өлкөлөргө мисал катары болгонун биз азыр угуп билип жатабыз. Февраль жана март айларында мен Европа өлкөлөрүнө жана Америкага расмий сапар менен барганда алардын жетекчилери былтыркы окуяларды даана түшүнүп, дүйнөлүк азыркы процесстердин башатында турганына жогору баа берип жатышты.

“Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев апрель окуялары Кыргызстандын элин саясий эркиндикке гана чыгарганын белгилеп, эми жаңы бийликтин алдында элге эркиндиктин дагы башка түрлөрүн алып келүү милдети турганын айтты:

- Биз элге социалдык-моралдык эркиндикти алып келишибиз керек. Биз муктаждыктан, кордуктан эркин болушубуз керек. Биз зордуктан эркин болушубуз керек.

Эскерүү жыйынга келгендер 7-апрелди бир жыл мурда болгон окуяларды эскерүү күнү, экинчилери трагедия күнү деп ар башка кабыл алып жатышты.

Алиясбек Алымкулов (ортодо), 7-апрель, 2010-жыл
Жаштар министри Алиясбек Алымкулов бул күндү сыймык күнү деп атады. Бир жылда мурда 7-апрелде Бакиевдин бийлиги митинг уюштуруп жаткан оппозициянын лидерлерин дээрлик бүт камакка алып, нааразылык жүрүшкө чыккан калктын жолун ок жаадырып тосуп чыкканда Ала-Тоо аянтында Алиясбек Алымкулов топ жарып алдыда жүрүп, катуу жаракат алса да аман калган. Анын башына эки жолу көзгө атардын огу тийип, октун бири мурдунан жиреп желкесинен чыгып кеткен.

Апрель окуяларында курман болгондордун жана жаракат алгандардын үй-бүлөлөрүнө бүгүн Бишкекте “Жал” кичирайонунда жаңы бүткөн көп кабаттуу үйдүн ачкычтары тапшырылды. 7-апрелде Бишкекте бир жыл мурдагы кандуу окуяларды эскерүүгө арналган бир катар иш-чаралар өтмөкчү.
Биз муктаждыктан, кордуктан эркин болушубуз керек.


Бир жыл мурда Бакиевдин бийлигинин кулашына алып келген окуяларды иликтеп саясий баа берүү үчүн түзүлгөн мамлекеттик комиссия өзүнүн тыянак баасында парламенттик жана президенттик шайлоолордун жыйынтыктарын бурмалоо, авторитардык бийликтин орнотулушу жана үй-бүлөлүк урук-туугандык башкаруу, оппозиция лидерлерин туташ саясий куугунтуктоолор, тышкы саясаттагы көз будамайлоо аракеттери апрелдеги элдик каршылыктарга жана бийликтин кулашына алып келген негизги себептер болгонун белгилеген.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG