Линктер

жекшемби, 21-июль, 2019 Бишкек убактысы 23:36

Борбор Азия

Бажы биримдигинин баш оорутмалары

2011-жылдын июнь айында казак-кыргыз чек арасындагы Ак жол бекетинен ары -бери өткөн жүргүнчүлөр саны апрелге салыштырмалуу үч эсе көбөйгөн.

1-июлдан тарта Беларус, Казакстан, Орусиянын Бажы биримдигинин иши жаңы деңгээлге көтөрүлөт. Башкача айтканда, аталган үч өлкөнүн ортосунда бажы көзөмөлү жоюлуп, текшерүүлөрдүн баары биримдиктин тышкы чек араларына чыгарылат. Мындан улам Бажы биримдиги менен чектешкен, бирок ага кирбеген Кыргызстандын жарандары менен ишкерлерин анын чек арасынан, аймагынан товар менен өтүүдө кандай өзгөрүүлөр күтөт?

Беларус, Казакстан, Орусиянын 2010-жылдан тарта иштей баштаган Бажы биримдиги кыргызстандыктардын киреше табуучу булактарынын кеминде бирөөсүнө буга чейин эле олуттуу таасир берди. Мамлекеттик Бажы кызматтын төрагасы Кубанычбек Кулматовдун 21-июнда парламент комитетинин жыйынында айтканына караганда, 2010-жылы кыргыз-кытай чек арасынан жүк тарткан уналардан айына 1,5 миңден 3,5 миңге чейин өтүүчү, азыр бул көрсөткүч 500-600дүн эле тегерегинде.

“Мурда “Манас” аэропортуна жүк тарткан 21 учак консо, азыр айына жетиден гана келүүдө. Бүгүнкү күндө кытай товарларынын реэкспорту иш жүзүндө токтоду”, - деди башкы бажычы парламент комитетинин олтурумунда.

Баштыктап товар ташыгандар агымы күчөдү

Чек арадан товар өткөрүү менен алектенген кыргызстандык айым. 24-июнь, 2011-жыл.

Белгилүү болгондой кыргызстандыктар кытай товарларын негизинен Орусия менен Казакстанга реэкспортточу. Бирок бул такыр эле токтоп калды деп айтуу мүмкүн эместей. Байкоочулардын баамында, өзгөчө казакстандык ишкерлер Бажы биримдигинин тышкы чек арасы иштей баштоочу 1-июлду утурлай Кыргызстан аймагынан ар кандай жолдор, анын ичинде кыргыз жарандарынын кызматын пайдалануу менен товар ташып кетүүнү күчөткөндөй.


Бишкектеги бейөкмөт уюм –Антикоррупциялык ишкер кеңеш чек арада коррупция боюнча иликтөөсүн быйыл казак-кыргыз чек арасындагы “Ак жол” бекетинде жүргүзүүдө. Өз мониторингинин алкагында жүргүнчүлөрдүн агымына да байкоо салып жаткан бул уюмдун аткаруучу директору Нурипа Муканова “Азаттыкка” буларды айтты:


- Акыркы кездери “Дордой” базарынан Казакстанга товар көп ташылууда. Бул көбүнесе казак ишкерлеринин демилгеси менен болуп жатат. Бир күндө Казакстандын Кордойунан бир киши товар үчүн жети-сегиз жолу өтөт. Маселен апрель айында чек арадан күнүнө 12 миң киши өтсө, июнда 36 миңге чейин жетти. Алардын көбү ишкерлер.






Орусияга кийим сатуучулар үчүн бажыдан өтүү убактысы узарды

Кыргыз ишкерлеринин Бажы союзунун өлкөлөрү менен соода-сатыгында кытай товарларын реэкспорттоодон кийинки эле үлүштү Кыргызстандын ичинде жасалган кийим-кечек түзөт. Жеңил өнөр жайчылар ассоциациясынын президенти Сапарбек Асановдун “Азаттыкка” айтканына караганда, Кыргызстан буга чейин ЕврАзЭШтин алкагындагы макулдашууларга ылайык, өз продукциясын Орусия менен Казакстанга бажы төлөмүсүз сатып келген. Эгер ушул эреже эле өзгөрүп кетпесе, жеңил өнөр жайчылар үчүн олуттуу кыйынчылык жоктой:

- Ушул келишимди Бажы союзу иштеп баштагандан кийин жокко чыгарыша турган болсо, биз үчүн кыйынчылык жаралышы мүмкүн. Анткени анда бажы салыгын төлөөгө туура келет. Бүгүн биз алып жаткан маалыматтарга караганда, биздин продукцияга Бажы союзундагы өлкөлөр төлөм киргизбейт деген маалымат бар. Андыктан ушу тапта бизде эч кандай кыйынчылык деле болбойт деп ойлойм.

Бирок Жеңил өнөр жайчылар ассоциациясынын төрагасы “Азаттыктын” кабарчысы менен маегинде кошумчалагандай, 1-июль жакындаган сайын бажыдан өтүү убактысы узарды:

- Бажыдан өтүү процесси бүгүнкү күндө созулуп жатат. Мурда бир машина менен келген товарыбыз бир күндө өтсө, азыр кезек күтүп, эки үч күндөп туруп калып жатабыз. Анткени бажыдан өтүүнүн процедуралары башкача болуп калды. Мындан ары дагы кандай өзгөрүүлөр болуп кетет, алдын ала айтуудан алыспыз. Бажы союзу иштеп баштаганда дагы кандай кыйынчылыктар, жеңилдиктер болот, ошондо тагыраак билебиз го.

Кыргыз сертификаты Бажы биримдигине жарайбы?

Бажыдан өтүү убактысынын мурдагыдан узарышы жеңил өнөр жайчылар үчүн анчалык жоготуу алып келбесе, Казакстан менен Орусияга айыл-чарба азыктарын экспорттогон кыргызстандыктар үчүн бул маанилүү фактор. Алардын бажыда эки үч күндөп кармалып калышы иш жүзүндө банкрот болуу дегенди туюндурат.

Айыл-чарба министрлигинин алдындагы Агробизнес борборунун директорунун милдетин аткаруучу Алмаз Сооронбаевдин “Азаттыкка” айтканына караганда, жаңы тартиптерди билүү үчүн алар Орусия бажысынын Кыргызстандагы өкүлчүлүгү менен күн сайын байланышууда. Бирок толук түшүнүктүү маалымат жок:

- Негизинен булар мындай деп жатат. Эгер сертификат берген лабороторияаңар биз ишенгендей болсо, ал товар өтөт, кокус биз ага ишене албасак, өзүбүз текшерип, өзүбүз сертификат беребиз деп жатышат. Маселен Кыргызстандын Соода өнөр жай палатасы сертификат берет. Чек арага барганда ал жүктү кээде өткөрүп жиберет, кээде токтотуп кайра текшеришет. Башкача айтканда тандалма мамиле жасашууда. Эгерде, силердин бул машинеңерде сертификатта көргөзүлгөн товардан тышкары дагы бир нерсе бар дешсе кайра текшере беришет. Биздин дыйкандарды ушинтип эле кыйнап жатышат.

1-июлдан тарта Бажы биримдигинин тышкы чек арасынын жаралышы менен катар айыл-чарба жана тамак-аш продукцияларын ветеринардык жана санитардык жактан текшерүү да тышкы чек арадан жүргүзүлө баштайт. Демек Орусия менен Казакстанга өнүмүн саткысы келген кыргызстандык дыйканга, же ишкерге мындай көзөмөлдүн башкысын казак чек арасынан өтүүгө туура келет. Мурдараак эксперттер Бажы биримдигинин алкагында текшерүүлөрдүн бул түрү күчөтүлөрүн билдирип келишкен. Бажы биримдигинин комиссиясы бул багыттагы документтердин жаңы долбоорлорун 22-июндагы отурумунда гана талкуулады.
Казакстан тарапка чек арадан товар ташып берип жаткан кыргызстандык аялдар.

Бишкектеги Агробизнес борборунун директорунун милдетин аткаруучу Алмаз Сооронбаев “Азаттыктын” кабарчысы менен маегинде белгилегендей, алар көзөмөл күчөтүлөрүн эске алуу менен айыл-чарба продукциясын экспорттоочуларга жана дыйкандарга товардан мурда кагаздарды жыйноону сунуш кылып жатышканын белгиледи:

- Биз оболу Кыргызстандан талап кылынуучу документтерди чогулткула деп жатабыз. Унаага жүктү салып, чек арага барып албай, оболу кагаздардын баарын бүтүрүп, андан кийин чек арага баргыла деп жатабыз. Жүктү чогултуп алып, чек арага барып алып, андан кийин документ жасайбыз десе көпкө туруп калышат. Башкача айтканда бүт документтерди даярдап, текшерткен соң гана чек арага жүк менен барыш керек.

Экономикалык тескөө министрлигинин Соода саясаты башкармалыгынын башчысы Анархан Рахманованын “Азаттыкка” айтканына караганда, Кыргызстандын жумушчу тобу азыр Бажы биримдигинин документтери менен эрежелерин иликтөө үстүндө:

- Алардын (Бажы биримдигинин) кол койгон макулдашууларынын баарын биздин мекемелер иликтеп жатышат. Алсак фитосанитардык, санитардык эрежелер, Биздин лабороториялардын тыянагы Бажы биримдигинин талаптарына жооп береби, биздин лабороториялар алар менен кандай келишимдерди түзүүсү керек өңдүү маселелерди иликтешүүдө.

Казактар менен беларустардын баш оруусу

Бажы биримдигине мүчө эмес, бирок өкмөтү кирүү ниетин билдирген Кыргызстан анын кыйыр таасирлерин сезип жатса, мүчө өлкөлөрдүн ишкерлери менен жарандары мунун буруш жана дурус жактарын даана байкашууда.

Казакстандык ишкерлердин көз карандысыз ассоциациясынын вице-президенти Тимур Назханов мындай дейт:

- Бажы биримдигинин бир жарым жылдан берки иши, биз ага кирүү менен товарларга баанын төмөндөшүнө жетишкен жокпуз, кайра тескерисинче болду. Албетте буга көп факторлор, анын ичинде Казакстан өзү дээрлик эч нерсе өндүрбөгөндүгү, иш жүзүндө баарын тыштан, биринчи кезекте Кытайдан алып келип жатканы да таасир берүүдө. Андыктан Казакстан биз керектеп жаткан товарлардын жок дегенде жарымын өндүрмөйүнчө кытай товарларынын агымы, анын ичинде контрабанда токтобойт. Менимче, товарлардын баасы арзандабайт. Анын үстүнө энергия берүүчү заттардын баасы да өсүүдө.

Беларустар менен казактар быйылкы жарым жылда автоунааны күргүштөп алып киришти.
Бажы биримдигинин өлкөлөрүндө 1-июлдан тарта тыштан импорттолуучу товарлардын айрым түрлөрүнө биримдиктин жогорулатылган тарифтери күчүнө кирүүдө. Бир нече эсе кымбаттоо күтүлгөндүктөн Казакстан менен Беларустун жарандары автоунааларды сырттан 1-июлга чейин алып келүүгө ашыгып жатышты. Казакстандын каржы министринин орун басары Руслан Даленовдун 22-июндагы билдирүүсүнө караганда, жыл башынан бери казакстандыктар пайдаланылган автоунаалардан өлкөгө 102 миң даананы алып келишкен. Былтыр болсо Казакстанга бир жыл ичинде болгону 27 миң даанага жетпеген жеңил автоунаа импорттолгон экен. Казакстандын каржы министри Болат Жамишевдин ырастоосунда, чек арада кезек күтүп турган автоунаалар бажыдан 1-июлга чейин күнү-түнү өткөрүлөт.

Бажы брокерлеринин казакстандык ассоциациясынын төрагасы Геннадий Шестаковдун “Азаттыкка” айтканына караганда, Казакстанды көздөй жолдо бери дегенде 6-8 миң автоунаа келе жатат. Алардын 1-июлга карата жетишпей калгандарынын бир бөлүгү каттоого тургузуу үчүн Кыргызстанга барышы толук ыктымал:

- Биз такыр эле жетишпей тургандарга унааларын порттордон эле сатып жиберүүгө кеңеш бергенбиз. Анткени баа жагынан бир аз эле жоготушат. Ал эми алып келе жаткандар үчүн биринчи жол бажы төлөмүн толугу менен төлөө. Бул учурдагыдан 8-10 эсе кымбат. Экинчи вариант Орусия ички керектөө үчүн автоунааларга төлөмдү төмөндөтүү демилгесин күтүп, кампаларда калтырып кетүү. Үчүнчү вариант, албетте, адамдар, мурдагы тажрыйба көргөзгөндөй, Кыргызстанга тааныштарына, жакындарына жөнөтүшөт.

Минскилик экономист Сергей Чалыйдын айтымында, автоунаа баасынын көтөрүлүшү Бажы биримдигинин беларустар үчүн да башкы көйгөйү болду:

- Ооба, бул биз үчүн эң оор маселе болду. Атүгүл бизде эски төлөмдөрдү калтыруу аракетинде референдум уюштуруу аракети да жасалды. Бирок демилгелүү топту катташпай койду. Пайдаланылган унаалар үчүн бажы төлөмү кыйла көтөрүлүп жаткандыктан, акыркы жарым жыл ичинде унаа сатып алууну көздөгөндөрдүн баары автопаркын жаңылоого жетишти. Бери дегенде эки-үч жылга эми бул көйгөй анчалык сезилбейт.

Бажы биримдигин автоунаалар үчүн негиз катары Орусиянын тарифтери алынган. Маселен Кыргызстанда азыр 2000-жылы чыккан, кыймылдаткычынын көлөмү 2600 куб метр келген “Мерседес” үлгүсүндөгү унааны бажыдан өткөрүү үчүн 1170 АКШ доллары талап кылынса, Бажы биримдигинин өлкөлөрүндө ал 1-июлдан тарта 10400 долларды түзүп калат.

Эң көп утуш кимдики?

Автобазарга келгенде Бажы биримдигинин жаңы эрежелери ириде Орусиянын пайдасына ойнойт. Анткени биримдиктин алкагында Европа, Жапония, АКШ өндүрүшүндөгү автоунааларга коюлуп жаткан бөгөт, Орусиянын аймагында чыгарылган автоунаалардын көбүрөөк сатылышына жол ачууга багытталган.

Кыргыз-казак чек арасы 1-июлдун алдында

x
Кыргыз-казак чек арасы 1-июлдун алдында
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:36 0:00


Эксперттердин пикиринде, дегеле Бажы союзу экономикага караганда, көбүнесе саясий долбоор. Андан саясий да, экономикалык жактан да Орусияга утушка ээ болот.

Бажы биримдиги жаңы деңгээлге чыгар алдында, айрым талаштар да пайда болгондой. Биримдикте чогултулган бажы төлөмдөрү экономиканын көлөмүнө жараша бөлүнөт. Учурда чогултулган акчанын 88%га жакынын Орусия, 7%дан ашуунун Казакстан, 5%га жетпеген бөлүгүн Беларус алат. Кыргызстан кошулса, анын үлүшү Беларустукунан да аз болмокчу.

Москвада чыгуучу “Комерсанть” гезитинин 23-июнда жазганына караганда, Москва Казакстан менен Беларус бажы төлөмдөрүн төгүү жагынан 22 миллиард рубль карыз болуп калды деп эсептөөдө. Беларустун бажы мекемеси муну чындыкка дал келбеген маалымат деп атаса, Казакстандын каржы министрлиги да эч кандай карызы жоктугун билдирген.

Кыргыз-өзбек чегинде эки айда эле 13 адам атылды

Баткен: Сохтогу өзбек чек ара бекети.

Өзбек бийликтери акыркы эки айда Кыргызстандан Өзбекстанга кирүүнү каалаган 13 адам өзбек чек арачылары тарабынан атылганын ырастады.

Өзбекстандын Фергана районунун акиминин орун басары Хуршидбек Турсунов “Азаттыкка” Кыргызстандан Өзбекстанга өтөм деген 13 адам өлтүрүлгөнү чын экенин ырастады. Бирок окуяга чек арачылар эмес, ошол адамдар өздөрү күнөөлүү экенин, анткени чек араны бузуп өткөндө, берилген эскертүүлөрдү укпай коюшканын айтты.

Каргашалуу тилке

Адамдарды аткан фактылар кыргыз-өзбек чек арасына жакын жердеги кеминде төрт айылда – Чимиён, Халмиён, Миндон жана Водил айылдарында болгон.

Мындай окуянын акыркысы өткөн аптада катталды. Өзбекстандын Фергана районундагы Чимиён айылынын 22 жаштагы тургуну Музаффар Шодмонов жакын жердеги Кыргызстандагы базардан достору менен кайтып келатканда окко учкан. Анын жанындагы эки досу жаракат алганы айтылды.

Музаффардын атасы Шароф Шодмонов “Азаттыктын” өзбек редакциясы менен маегинде айтканына караганда, уулу ушинтип кыргыз базарынан товар алып, аны өздөрүнүн базарында сатып жан бакчу.

- Бейшембиде түшкө маал болгон окуя. Бизден үч кыштак өйдөрөөктө Халмиён базары бар, ал Кыргызстандын аймагында. Ошол жерде көчөлөрдүн биринде достору менен машинеде баратышса, эки чек арачы барып, уулумду атып салышыптыр. Жанында достору бар болчу. Аларга кандайдыр бир от чачыратышканда, берки достору качып чыгып, бизге кабар беришти.

Андан аркы сөзүндө Шодмонов соңку күндөрү мындай фактылар кескин өскөнүн кошумчалады.

- 20 күн ичиде 13-14 адам өлдү. Биз Чимиёндо жашайбыз. Күн сайын элдеги кабарды угуп жатабыз, бата кылганы барып жатабыз. Аларда адамдарды атууга ким укук бергенин билбейбиз. Чек ара бекетине барсак, “Биз жарандар менен сүйлөшпөйбүз” деп, эч кимди кабыл албай жатышат”.

Опурталдуу бизнес

Баласынан айрылган Шароф Шодмоновдун ишениминде, чек ара кызматкерлери өздөрү аткезчилик менен шугулданышат. Ошондуктан оокатын башкаларга алдырып коюштан коркуп, ушундай иштерге барышат.

Өкмөт мыйзамсыз товар ташууну токтотууга аракет кылып келатканына карабай, бул аймакта эки мамлекеттин эли көп жылдардан бери чек арадан эки тарапка тең зарыл буюм-тайымдарды ташып, соода кылып келишкен.

Өзбек өкмөтү өзүнө импорттолуп жаткан товарларга салыкты жогорулатып салган. Аны толук төлөй албаган соодагерлер мүмкүн болушунча чек арада текшерүүдөн качканга аракет кылышат.

Аналитиктердин ишениминде, Өзбекстанда “ички базарды коргоо” деген жалган ураандын астында соода-сатыкка көзөмөл күчөдү жана аны негизинен, кылмыш топтору башкарат.

Борбор Азиядагы бул жумуриятта “Абу-Сахий” компаниясы өлкөгө Кытайдан товар импорттогон эң ири ишканалардын бири жана аны президент Ислам Каримовдун кенже кызы Лола Каримова жетектейт деп жүрүшөт.

Дүйнөдө апийим өндүрүшү кыскарды

Ооганстанда апийимдин уругуна илдет тийип, өндүрүш азайган

Былтыр Ооганстанда апийим өндүрүшүнүн көлөмү уруктун начардыгынан улам кыскарган. Ооганстан дагы эле дүйнөдө апийим өндүрүшү боюнча биринчи орунда турат.

Бул тууралуу Бириккен улуттар уюмунун дүйнөдө мыйзамсыз баңги соодасын иликтеген жаңы баяндамасында айтылды. Былтыр, маселен, жалпы баңги заттардын 74% ооган жеринен чыкты. Экинчи орундагы Мьянманын үлүшү болгону 12% түзөт.

Улуттар уюмунун отчетунда белгиленгендей, ооган өкмөтүнүн алсыздыгы, коррупция, уюшкан кылмыштуулук жана дыйкандар үчүн башка үрөндүн жетишсиздиги быйыл кайрадан апийим өндүрүшүнүн күчөшүнө алып келиши мүмкүн.
Баңги аткезчилери - коом тынчтыгынын уурулары

“Былтыр апийим өстүрүү, анын өндүрүшү кыскарганына карабай, глобалдык деңгээлде героин менен кокаинди өндүрүүнүн көлөмү дале чоң”, - деп айтылат БУУнун Баңги заттарга жана кылмыштуулукка каршы күрөшүү бөлүмүнүн баяндамасында.

Бейшембиде жарыяланган отчетто былтыр дүйнө боюнча 210 млн.адам тыйуу салынган маң затын колдонгону көрсөтүлөт.

Баңги аткезчилери келтирип жаткан зыян тууралуу Улуттар уюмунун баш-катчысы Пан Ги Мун: “Аткезчилер мыйзамды эле эмес, адамдын жан дүйнөсүн бузуп жатышат, - деди. - Алар терроризмге жана козголоңчулуктун күчөшүнө шарт түзүшөт. Булар - коомдогу тынчтыктын уурулары”.

Баяндама айтылгандарга ылайык, былтыр жер шарында 196 000 гектердай аймакка апийим үрөөнү себилген. Бул 2009-жылдагыдан көбүрөөк. Бирок Ооганстанда көпчүлүк эгин талааларында үрөнгө илдет жуккандыктан, өндүрүлгөн апийимдин көлөмү 38% же 4890 тоннага кыскарды.

Ошентсе да, Ооганстан былтыр 3 600 тонна апийим өндүргөн.

Юрий Федотов кыргыз президенти Роза Отунбаева менен кызматташуу боюнча билдирүүгө кол коюшту. Бишкек, 25-апрель, 2011

Улуттар уюмунда баңгиге жана кылмышка каршы күрөш бөлүмүнүн башчысы Юрий Федотов бул көрсөткүч Ооганстан дале дүйнөдө апийим өндүргөн номур биринчи мамлекет бойдон калганын айгинилейт дейт.

“Былтыр Ооганстандагы апийим үрөөнүнө жуккан илдеттин айынан анын дүйнөдөгү өндүрүшү 38% кыскарды. Биздин алдын ала изилдөөлөргө ылайык, быйыл өндүрүш жакшы болоору болжолдонуп жатат, - дейт Федотов. - Демек, ооган апийиминин өндүрүшүнүн көлөмү да быйыл кайра мурдагы деңгээлине көтөрүлүшү мүмкүн”.

Федотов эл аралык коомчулукту Ооганстанда апийим өндүрүүнү токтотуу вазыйпасы мыкты пландалган жол менен жүрүшү зарыл экенин түшүнүүгө чакырды.

“Ооганстанда апийим өндүрүшү бейстабилдүүлүк менен байланыштуу, - дейт ал. - Апийим жана героин өндүрүү мындан да кеңири аймакта стабилдүүлүккө коркунуч келтирет”.

Кыргызстан боюнча жаңы демилге

Федотов баңги аткезчилигине каршы күрөшкө тартылган уюмдардын иштеринин маанисине токтолуп, Улуттар уюмунун тийиштүү органы учурда Ооганстан жана ага жакын мамлекеттердеги, анын ичинде, Кыргызстандагы уюмдар менен да иштешип жатканына токтолду.

“Биз, маселен, Кыргызстанды өзүбүздүн приоритетибиз катары алып жатабыз. Анткени баңги аткезчилиги менен уюшкан кылмыштуулук бул өлкөдө стабилдүүлүккө, өнүгүүгө жана мыйзамдуулукка, саясий реформага коркунуч туудуруп жатат. Улуттар уюмунун бул бөлүмү Кыргызстандагы, Тажикстандагы баңгиге каршы күрөш агенттиктери менен кызматташып, бул өлкөлөрдө абалды турукташтырууга, саясий реформалар, демократия тамыр жайышына жардам берет”, - деди Федотов.

БУУнун баяндамасында айтылгандай, дүйнөдө баңгиге талап азайса, аны өндүрүүнүн көлөмү да кыркармак. Андыктан адамдар нарко заттарды колдонушуна каршы зарыл иш-чараларды көрүү маанилүү экенине токтолгон.

Эркебаев: кыргыз-казак – бир эл

Абдыганы Эркебаев

Коомдук-саясий ишмер, Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы Абдыганы Эркебаев кыргыз-казак алакасы тууралуу “Азаттыкка” маек курду.

"Азаттык": Казактын белгилүү коомдук-саясий ишмери Мурат Ауэзов "эки элдин өкүлдөрү Ысык-Көлдө жолугуп, кыргыз-казак алакасын көтөрөлү, жаңы жолго койолу" дегендей пикир айтып жатат. Сиз бул ойду кандай баалайсыз?

Эркебаев: Белгилей кетчү нерсе, Мурат Ауэзов - казактын улуу жазуучусу Мухтар Ауэзовдун уулу. Аны менен жеке тааныштыгым болбосо да ким экендигин, эмгектерин жана коомдук-саясий ишмердүүлүгүн жакшы билем. Далайдан бери анын китептерин окуп жүрөм.

Ал көтөрүп жаткан демилгени колдойм. Ал буга чейин да Кыргызстанга келип, өлкөнүн жетекчилери менен жолугуп, бир катар иштерди жасап келген. Бул албетте колдой турган иш.

Биз байыртадан тарыхыбыз, тилибиз, дилибиз, атүгүл динибиз, салт-санаабыз да бир элбиз, башка жолубуз жок. Бирок өкүнүчтүүсү ушундай иштер кеч болуп жатат.

Мындай иштер Чыңгыз Айтматов көзү тирүү кезинде эле Ташкенде түрк тилдүү маданият ишмерлеринин ассамблеясы уюштурулуп, биздин жазуучулар да барып келген болчу. Ошол иш солгундап, унутулуп баратты эле, кайра козголуп жатканы жакшы болду.

Ошондой эле 1996-жылы Желтоксан окуясынын алдында кыргыз адабиятынын Казакстандагы күндөрү өтүп, жазуучулар менен бирге ага мен да катышкам. Алар да бизге келип-кетип турушкан. Менин да далай казак акын-жазуучуларынын арасында досторум бар.

"Азаттык": ББб Буга чейин бир тууган эки элди акын-жазуучулары, интеллигенциясы жакындатып турганын белгилей кеттиңиз. Бирок ушул мамиленин акыркы жылдары солгундап калышына эмне себеп болду?

Эркебаев: Мамиленин солгундап калышына мамлекеттик жетекчилердин өз ара мамилеси, өлкөлөр арасындагы саясий кызматташтыктын төмөндөп кетиши себеп болду. Убагында Нурсултан Назарбаев демилгечи болуп, Орто Азия президенттери өзүнчө бирлик курабыз деген жакшы аракеттер болгон. Бирок бул иштин унутулуп баратканы абдан өкүнүчтүү.

Мисалы славян мамлекеттери, Америка мамлекеттери бир болуп жатат. Европа биримдигин айтпай эле койолу. Баары тең ошол окшоштугуна, жакындыгына карап ынтымакташып жатышат. Бизде болсо чек аралар жабылып, өтө кейиштүү окуялар болууда.

"Азаттык": Расмий маалыматтарда айтылгандай, жакынкы айларда Кыргызстанга Казакстандын өкмөт башчысы келет экен. Андан кийин август айында президент Назарбаевдин келиши күтүлүүдө. Ушул жолугушуулардын өзөктүү темаларын эмнелер түзүшү керек деп ойлойсуз?

Эркебаев: Эки тараптуу жолугушуулар көп эле болуп жатат. Ал жолугушууларда соода-сатык, экономика маселелерине көбүрөөк көңүл бурулуп, биздин руханий жакындыгыбыз, маданий жана илимий байланыш абдан солгундап кетти.

Бул иштерге мамлекет башчылары түздөн-түз катышып, көмөк көрсөтпөсө, азыр ансыз да кыйналып турган интеллигенциянын колунан көп келе бербейт.

"Азаттык": Эки элдин алакасы жакшырыш үчүн кыргыз тарап кандай чечкиндүү кадамдарды жасаш керек деп ойлойсуз?

Эркебаев: Ал үчүн эрк, каалоо керек. Ошону ишке ашырган конкреттүү аракеттер керек. Келишим түзүп, ар кандай документтерге кол коюп, ошолорду ишке ашыруу зарыл. Тиешелүү уюмдарга тапшырып, көзөмөлгө алуу керек.

"Азаттык": Рахмат.

Назарбаевди экс-күйөө баласы сотко жетелөөдө

Рахат Алиев жана Нурсултан Назарбаев. Мурдагы күйөө баланын "Кесеп кайын ата" деген китебиндеги сүрөт. Астана. 2001-жыл.

Президент Нурсултан Назарбаев менен анын мурдагы күйөө баласы, азыр чет өлкөдө качкын болуп жүргөн Рахат Алиевдин чатагы Вашингтонго да жетти.

Казак соту 2008-жылы Рахат Алиевди сыртынан президентти бийликтен төңкөрүүгө аракет кылган деп соттолгон. Азыр болсо 2007-жылы эки казак банкирди уурдап, өлтүргөн деп айыпталууда.

Ал эми экс-күйөө баланын эки жоросу казак өкмөтү менен иштеген консултант-мыяткерлерди "Казакстандагы мүлкүбүздү тартып алууга көмөктөшүп, чарбабызга 2 миллиард доллар чыгым келтирди" деп күнөөлөшүүдө.

Экс-күйөө бала менен экс-кайын атанын таймашы

Өз журтунда кугунтук жеген адамдар Вашингтонго акыйкаттык издеп, дүйнөнүн чар тарабынан келишет. Июндун башында мурдагы казак жараны Петр Афанасенко Конгрессте жана Мамлекеттик департаментте болду.

Ал 2000-жылы
Петр Афанасенко, Казакстандын мурдакы премьер-министри Акежан Кожогелдиндин жанжигити. Вашингтон, Июнь 2011

камакка алынып, бир жылдан соң бошотулган жана кийинчерээк Казакстандан чыгып кетип, азыр Бельгиянын жараны.

Афанасенконун ырасташынча, түрмөдө аны президент Назарбаевдин күйөө баласы Рахат Алиев өзү кыйноого алган.

- Мен Рахат Алиевди Алматы дубандык улуттук коопсуздук комитетин жетектеп турганда мага жана менин кесиптештериме каршы жалган кылмыш ишин ачкан деп күнөөлөйм. Ал адамдарды кыйноого өзү катышкан жана адамдарды өзү кыйнаган.

Афанасенко оппозиция мүчөсү катары абакка салынганын өз учурунда адам укугун коргоочу уюмдар, ЕККУ жана АКШ Мамдепартаменти айтып чыккан. Ал быйыл Кошмо Штаттарга мурдагы казак жараны Вашингтондо түптөгөн мыяткер уюмдун каржылоосу менен келген.

Рахат Алиев өз кезегинде Афанасенконун сөзүн калпка чыгарып, анда Афанасенкону Казакстандын коопсуздук кызматы жалдаганын тастыктаган документтер бар экенин айтууда.

Көпчүлүк талдоочулар Афанасенкону Казак бийликтери Рахат Алиевге
Президент Назарбаев жана Грузия президенти Михаил Саакашвили. 2005-жыл. Рахат Алиев Австрияда бозунда жүрүп чыгарган "Кемеп кайын ата"китебинин мукабасы.

каршы күрөштө пайдалануу үчүн жалдаган деп шектенишет.

Алиев болсо АКШга таянып, бир тууган жездесинен казак өкмөтү тартып мунай ишканасы менен акцияларынын акысына жана жоготкон пайдасы үчүн 2 миллиард доллар компенсация өндүрүп алмакчы.

Казакстан бул талашта АКШнын бейтарап болушун жана чуулгандуу иштин эки өлкө арасындагы мамилеге залака кылбашын каалайт.

“Нью-Йорк Таймс” гезитинин изилдөөсүнө караганда, Назарбаевдин өкмөтү АКШда абрюн көтөрүү максатында акыркы үч жылда вашингтондук миятчыларга жана эксперттерге миллиондогон доллар сарптаган.

Казак мунайынын пайдасын миятчылар көрүүдө

Экс-күйөө бала Алиев да экс-кайын атасынан кем калышкан эмес. Ал жездеси жоготкон дүйнөнү ордуна койуу үчүн RJI Government Strategies деген консалтингдик же миятчы фирманы жалдаган. Бул фирмада Конгресстин Өкүлдөр палатасынын мүчөсү Ник Рейхолдун бир тууганы Таня иштейт.

Азыр кайда жашаганы белгисиз Рахат Алиев “Азаттыктын”
Рахат Алиев. 31-май 2007

Вашингтондогу бюросуна телефон кагып, аракети үзүрсүз болуп жатканын айтты:

- Мен Конгрессти өзүм жөнүндө чындыкты жана Борбор Азияда эмне болуп жатканын айтып берүү үчүн жалдадым. Чакан миятчы фирманы да жалдадым. Тилекке каршы алардын ишинен чоң жыйынтык боло элек. Менин Назарбаев менен чатагымда соңку кезде эки жакка тең иштеген ак, боз, кара жана ар түрдүү ортомчулар менен миятчылар пайда болду. Атүгүл алардын айрымдары үч жакка иштешет.

Алиев тарап же ага-ини Давинчи жана Иссам Хоранилер сотко Казак элчилигинен миятчылык кызматы үчүн акы алган Конгресстин мүчөлөрүнүн тизмеси да тиркелген.

Элчи Эрлан Идрисов “Нью-Йорк Таймс” гезитине берген жообунда мияткерчилик дүйнөлүк тажрыйбада кеңири колдонулганын, Казакстанда Назарбаевдин диктатору орноду деген куру дооматтарга жооп берүү үчүн консультант-фирмаларды жалдоого туура келгенин тастыктады.

Вашингтондо жайгашкан Өкмөттү көзөмөлдөө долбоору (Project on Government Oversight) АКШнын Юстиция министрлигине кайрылып, “Казак өкмөтү Конгресс мүчөлөрүнүн оозун майлоочу кор түзүүсү мүмкүн” деп тынчсызданды жана береги ишти тез иликтөөгө чакырды. Группанын иликтөөчүсү Жек Уэйнс эгер конгрессмендерге акча төлөнгөнү далилденсе, кооптончу окуянын бети ачылат дейт:

- Эгер документ чын чыгып, өкмөттүн Конгресс мүчөлөрүн мыйзамсыз каржылаганы ырас болсо, бул бир кыйла олуттуу иш. Анткени саясатта акча маанилүү нерсе. Биз көргөн фактыларга караганда, өнөктүктү уюштуруу үчүн мыйзамчылар аркылуу жабык топтор түзүлгөн жана мияткер фирмалар жалданган. Бул тонналаган акча эмес деңизчи. Бирок жабык топтун жетекчилерин тойгузганга жетерлик акча.

Казакстандын Вашингтондогу элчилиги жана миятчы фирмалардын ырасташынча, Рахат Алиев тарап сотко жалгама документтерди көрсөткөн.

Бу таймашта экс-күйөө бала жеңеби же бийлиги жана байлыгы мол Назарбаев жеңеби, аны мезгил көрсөтөт.

Жабык чек ара калкты кыйнады

Кара-Суу базары

Өзбекстан тарапка чек аранын жабыктыгынан улам Кыргызстандын түштүк аймагында соода айлантуу 50 пайызга кыскарган. Ошондой эле чек ара тилкелеринен аткезчилик жол менен товар ташыгандардын саны көбөйгөн. Ал арада Борбор Азиядагы ири базарлардын бири болгон Кара-Сууда иштеген жүздөгөн соодагерлер ишсиз калганы айтылууда.

Былтыркы коогалаңдан кийин Өзбекстан чек арасын жаап койгондон бери Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында экономикалык абал бир топ артка кеткен. Аймакта соода айлантуунун көлөмү 50 пайызга чейин кыскарып, жашылча, жер жемиштер азыркыга чейин арзандай элек.

Эл аралык ишкердик кеңешинин аткаруучу директору Актилек Түнкатаровдун айтымында, бул кырдаал ишкерлерге абдан чоң зыян келтирүүдө:

- Борбор Азиядагы Эркин Базар институтунун иликтөөсүнүн жыйынтыгында белгилүү болгондой, аймакта соода айлантуу 50 пайызга түшүп кеткен. Мунун айынан ишкерлер аябай көп жабыр татып атышат. Биздеги баалар Өзбекстанга салыштырмалуу 300-400 эсе кымбат. Бул маселени чечүү кыйын, бирок чечүүгө болгон кадамдарды ташташ керек да, отура бербей.

Актилек Түнкатаровдун белгилешинче, 1 жылдын аралыгында мамлекет миллиондогон кирешеден кур калды. Чек ара жабык деп расмий айтылганы менен товарлар азыр деле көмүскө ташылууда:

- Чек ара жабык болгонуна карабастан ар кандай жолдор менен эл чек арадан өтүп, товарлар ташылып жатат. Аларга төлөгөн тарифтери бар экен. Бир кишиге 100 сомдон, жүгү болсо 300 сомдон берилет экен. Унаалар менен чоң жүктөр өтүп атат. Өзбекстандын “Абу-Сахи” деген фирмасы (Кырызстанда да өкүлчүлүгү бар) товарларды көмүскө ташып атат. Өкүнүчтүүсү ошолордун биринен да мамлекетке салык алынбай калууда.

Деген менен бийлик өкүлдөрү чек араны ачууга болгон аракетибизди жумшап жатабыз деп какшап келишет. Бирок бир канча аракеттерге карабай Өзбекстан чек арасын ачууга кызыкдарлыгын билдире элек. Бул жөнүндө Ошто эл аралык ишкердик кеңеши менен ЕККУнун биргелешип өткөргөн жыйынында да кеңири сөз болду.

Талкууга катышкан Ош облус губернаторунун орун басары Ахмаджан Махамадов коңшу өлкөлөр менен чек арада бейтарап соода зонасын түзүү керектигин айтып чыкты:

- Бийлик бул жакта калып эле эл өзүнчө соода кылып атат. Анын баарын көрүп турабыз. Бирок ошол жактан дыйкан эмес, сатуучу эмес, мамлекет эмес, башка структуралар пайдаланып кетип жатат. Ошол себептүү Жогорку Кеңеш аркылуу чек арада соода зонасына юридикалык жактан маани берилип, аны иштетүүнүн жолдору каралып чыгышы керек.

Чек арада соода зонасы чек ара тилкесинде жаңгашып, расмий орунга ээ болушу керек. Өзбекстандын да, Кыргызстандын соодагери да кирип эркин соода кыла берет. Алар да бери жакка өтпөйт, биздин жарандар да коңшу өлкөгө өтпөйт. Ушундай кылганда гана бул маселени чече алабыз.


Бирок бел демилге ишке ашып, чек ара тилкеси ачылганча аймакта жумушсуздук бир топ өскөндүгү айтылып келет. Орто Азиядагы ири базарлардын бири болгон Кара-Сууда чек ара жабылгыча жылына 40 миң доллардан 100 миң долларга чейин дүңүнөн товар айлантуу жүрсө, өткөн жылы болгону 12 миң долларга жакын гана товар жүгүртүлгөн. Дааналап сатуу болсо араң 2 миң доллардын тегерегинде гана айлантылган. Мунун айынан миңдеген соодагерлер ишин токтотконун базардагылар өздөрү ачыкташууда.

Кара-Суу базарынын сатуучусу Сабира Турдубаева буларга токтолду:

- Өзбекстандын чек ара өтмөктөрү жабылгандан бери бизде чындап кыйынчылыктар болуп кетти. Же товарларыбызга түзүгүрөөк кошуп сата албайбыз.

Сатып алаар киши жок. Кардарлар келбейт. Бала-чаканы багуу да оор болуп кетти. Соодагерлердин көпчүлүгү жумушсуз калып, эркектери деле, аялдары деле чет өлкөгө кетип жатат. Жаман жолго чыгып кеткендери бар. Жогоркулар ойлонбосо, калың элдин колунан келбей калды го эч нерсе…


Учурда коңшу мамлекеттер аралык соода-экономикалык, илимий-техникалык жана укуктук 80ге жакын келишимдер бар. Расмий түрдө алардын 16сы иштөөсүн токтоткон. Калган макулдашуулар деле иш жүзүндө аткарылбай жатканы айтылып келет.

Кытай жана Тажикстан менен чек ара көйгөйлөрү жок болгону менен, эркин соода жүргүзүү жөнүндөгү Өзбекстан менен Кыргызстандын келишими кайрадан каралышы керек дешет серепчилер. Бирок ал качан каралып, качан чек ара өтмөктөрү эшигин ачат азырынча белгисиз бойдон калууда.

Кыргыз боксчулары Казакстандан олжолуу кайтты

Жезказгандан кыргыз боксчулары мөрөй алды. Жапон өкмөтү кыргызстандык дзю-дочуларга наркы 850 миң долларлык спорт жабдууларды бермей болду.

Казакстандын Жезказган шаарындагы бокс мелдешинен кыргызстандык уландар олжолуу келишти. 16-17 жаштагы бокс чеберлеринин күч сынашуусунда 75 кг. салмакта Жоомарт уулу Чыңгызбек биринчи орунду ээледи.

Анын өнөгү Бектур Өтөгөнов 52 кило салмакта күмүш байгелүү болду.

Турнирге Өзбекстан, Казакстан жана Кыргызстандын жүзгө чукул булгаары мээлей чебери катышты.

Жаа атуу спорту көңүлдөн чыгып баратат

Учурда Казакстандын Чымкент шаарында жаа атуу боюнча эл аралык мелдеш өтүүдө. Мында өлкө намысын эки жаачы - Асел Шарбекова менен Мамытбек уулу Нурсултан коргоп жатышат.

“Салбуруун” федерациясынын жетекчиси Алмаз Акундун пикиринде бабалардан мурас болгон жаа атуу өнөрүнө эми гана көңүл бурулганы менен машыгууга шарт жана адис-устаттар жокко эсе.

- Өкмөттөн биз эч жардам күтпөй эле өз демилгебиз менен салттуу жаа атуу өнөрүн колго алып, ар жыл сайын бир нече мелдеш өткөрүп жатабыз. Бирок илгерки бабалардын жаасындай жаа таруу, жаа жасаган, ал өнөрдүн сырын билген адистер жокко эсе. Спорттук жаа атуу федерациясынын аты гана бар. Алар менен бирге бул спортту колго алууга мезгил жетти. Коңшулардан ат чабым артта калып жатабыз.

6 команданын өргүүсү

Футболдон өлкөнүн Жогорку лигасында онунчу беттешүүлөр өткөрүлдү. Былтыркы чемпион Кочкор-Атанын “Нефтчи” командасы Караколдун “Ысык-Көл” клубун 3:0 эсебинде жеңди. Алар упайлардын айырмасы боюнча экинчи катарда баратат.

Биринчи орунда келаткан Бишкектин “Дордой” командасы учурда 23 упайга ээ. Алар кечээ Оштун “Алай” командасын 3:0 эсебинде утуп, жеңишин бекемдеп койду.

Үчүнчү катардагы Канттын “Абдыш-Ата” командасынын 17 упайы бар. Себеби “Абдыш-Ата” клубун “Алга” командасы менен эсепти ача албай оюн 0:0 болуп аяктаган.

Атаандаштарына арбын топ киргизип, айырмалангандар “Дордойдун” чабуулчусу Дэвид Тетте менен “Алганын” өкүлү Владимир Веревкин болууда. Экөө тең жетиден топ киргизүү менен айырмаланууда. Жогорку лигадагы командалар 13-августка айына чейин тыныгуу болуп, андан кийин таймашууларын улантаарын “Азаттыкка” Футбол федерациясынын басма сөз катчысы Канат Асенов билдирди.

"ЭлТР" телекомпаниясынын спорттук баяндамачысы Мирлан Бекболотовдун пикиринде, өлкөдө Жогорку лигада 6 команда менен кыргыз футболунун деңгээли жогорулабайт.

Балбандын күч-кубаты белинде

23-июнда Бишкекте бел кур күрөшүнөн өлкө чемпионаты башталды. Мында өлкө аймагынан тандалган балбандар күч сынашып жатышат. Жеңүүчүлөрү 24-июнда аныкталат.

Алматыдан аргымагы арыбай

Алматыда ат спорту боюнча Борбор Азия чемпионаты өттү. Мында Казакстан, Кыргызстан, Өзбекстан жана Даниянын чабандестери аргымактары менен өнөрүн көрсөттү.

Кыргызстандык Екатерина Соловьева баштаган кыздар командасы мөрөй алган жок.

Жапониянын дзю-дочуларга жардамы

Жапон өкмөтү кыргызстандык дзю-дочуларга наркы 850 миң долларга барабар спорттук жабдууларды жардам катары бермей болду. Бул спорт жабдуулары өлкө аймагындагы дзю-до клубдарына берилээрин Дзю-до федерациясынын вице-президенти Эмил Рыскулов “Азаттыкка” айтты.

- Жапон өлкөсүндөгү табият жана өзөктүк станиядагы кырсыктарга карабай, алар улуттук дзю-до күрөшүн өнүктүрүүгө, жайылтууга кызыкдар. Ошондуктан Кыргызстанга жардам катары бир нече татами, техникалык жабдууларды бермек болушту. Өлкө аймагындагы дзю-до клубдарында жапон адистери болуп, кандай шарттарда машыгуулар өтүп жатканын көрүп кетишкен. Кыргызстанда бул спортко кызыккандар арбын экенин, келечектүү балдар өсүп келатканын баамдап, жардам берүү чечимин кабыл алышты.

Жөө күлүктөр жарышат

24-июнда Бишкекте жеңил атлетика боюнча өлкө чемпионаты башталат. Жеңил атлетика федерациясынын президенти Канат Аманкулов мөрөй талашуу, жарыштарга өлкө аймагынан бардык спортчулар катышып, мыктылары иргелип, Азия чемпионаттарына барышаарын “Азаттыкка” маалымдады.

Депутаттар топ тебишет

25-июнда Бишкектеги борбордук стадиондо Жогорку Кеңештин байгесине кичи футболдон турнир башталат. Жогорку Кеңештин аппаратынын жетекчисинин орун басары Сүйүнбек Касманбетов буларды маалымдады:

- Мөрөй талашууга 13 команда катышып, 5 команданын катарын Жогорку Кеңештеги фракциялардын депутаттары түзөт. Калган 8 команда парламентте иштеген кызматкерлерден куралат.

Ауэзов: Өзүбүздү өзүбүз тирилтпесек, жыгачтай жагып салышат

Мурат Ауэзов "Азаттыктын" Бишкектеги студиясында, 22-июнь, 2011.

Казак классиги Мухтар Ауэзовдун уулу жана атасынын атындагы фонддун жетекчиси, Казакстандын Кытайдагы мурдагы элчиси Мурат Ауэзов “Азаттыктын”Бишкек студиясында маек курду.

“Азаттык”: Бишкекте өткөн “Борбор Азияда аз улуттардын укуктарын колдоо” деп аталган эл аралык конференциясында региондун элдери бирикпесе, кайсы бир күчтөрдүн аракети менен чачылып кетет дегендей айттыңыз. Кандай аргументтерге таянып, ушундай тыянакка келдиңиз?

Мурат Ауэзов: Эгер биз өзүбүздүн эркиндигибизди, эгемендигибизди баалай билсек, анда бир жагдайды жакшы түшүнүшүбүз керек. Азыр башыбызды кошуп, ынтымакка келбесек, анда болочокто биримдигибизди сактай албайбыз. Буга мисал келтирейин: кезинде Борбор Азиянын тегерегинде чоң оюндар болгон. Анын натыйжасын жакшы билебиз. Биздин боордош элдерибиз бөлүнүп чачылып, Орусиянын курамында болду. Азыр кайра чоң оюн башталып жатат. Кытайы бар, ошол эле Орусия, АКШ, дагы башка күчтөр бар. Биздин ынтымактуу болуубузга каршы, бөлүнсө деген ниеттери бар. Мисалы, казак-кыргыз эзелтен бирге болгон, биздин азаматтар илгертен бирге бололу деген ураандарды таштаган.
Казактын Кенен Азербаев деген чоң акыны болгон. Ал кишинин быйыл 100 жылдыгы болду. Кененди 15 жашында эң биринчи кыргыз боордошторубуз акын иретинде моюндаган. Ачарчылык жылдары кеминде казактын жарымы чачылып кеткен, ошондо Кенен Азербаев беш жыл кыргыздын арасында жанын сактап чыккан. Быйыл 100 жылдыгына бир дагы кыргыз келген жок, биздикилер чакырбадыбы, же чакырган адамдары келбедиби, эми маселе анда эмес, кеп - биз ыдырап, бири-бирибизден алыстап баратабыз. Ушундай эле жагдай казак-өзбектин, кыргыз-өзбектин арасында болуп жатат.

Менин кесибим - кытай таануучу. Кытай, мисалы, суу маселесин кандай өз пайдасына чечти? Кызыл-Суу дайрасы Кыргызстандан Кытайга, Кашкар жагына агат. Совет кезинде биз Кызыл-Сууну бербей келгенбиз. Азыр биз бөлүндүк эле, аны Кытай дароо пайдаланып алды. Мисалы, Кыргызстандан Казакстанга, Өзбекстанга аккан сууга кыргыздар акча алат. А бирок Кызыл-Суу үчүн кыргыздар Кытайдан бир да тыйын албайт. Демек, баарыбыздын чоң максатыбыз - ортодо ынтымак болушу керек. Тарыхый тажрыйбабыз бар. Мисалы, Жибек Жолу. Биздин мурасыбыздын баары эле жалпы го - Жусуп Баласагын, Аль-Фараби, Ахмед Яссави, Махмуд Кашгари, дагы-дагы...

Мына азыр ар бири – өзбеги, кыргызы, казагы өзүнүн улуттук тарыхын жаза баштады. Тарыхтарбыз бири-бири менен согуша баштады. Ал согуштан калк аралык согушка бир эле кадам. Президент Роза Отунбаева менен кездешкенде, ал өтө билимдүү адам, биз ушул маселени да козгодук. Биз Центрально-Азиатская самоидентификация, мындайча айтканда, өзүбүздү Орто Азиялыкпыз деп сезишибиз керек. Ушунун аркасында көптөгөн маселелер чечилет. Албетте, бул өтө кыйын. “Жибек Жолундагы сукбаттар” деген уюм түздүк, билимдүү саналуу азаматтар кирип, Казакстанда, Ак-Сууда, Таразда, Капчыгайда, Ысык-Көлдө жолугушуулар өткөрдүк. Быйыл августта Казакстандан 15, Кыргызстандан 15 өкүл кездешебиз, ал жерде өзүнүн калкынын жагдайын жакшы түшүнгөн, айтып бере турган адамдар болушу керек. Биз анда казак-кыргыз эмне болуп жатат, болочогубуз эмне болот деген суроого жооп издейбиз. Бул биринчи кадам. Эмки жылы өзбек, тажик, түркмөн туугандарыбыз бар, алар менен ушундай форматтагы жолугушууларды өткөрөбүз.

Назарбаев менен Каримов атаандашпай, алакалаш болушпайбы

“Азаттык”: Үлкөн державалар, үлкөн күчтөр Орто Азияны бөлүп жатат дедиңиз. Сиз абдан тажрыйбалуу дипломатсыз, ошол жагдайды Назарбаев, Отунбаева, Каримов билеби? Эмне дегенде ушул акыбалдан чыгуу үчүн биринчи кезекте саясий эрк керек го?

Ауэзов: Каримов менен Назарбаевдин арасында али советтен бери келаткан жарышуу бар, кезинде Коноев мыктыбы, Рашидов мыктыбы деген атаандаштык болгон. Ушул оюн дагы эле уланууда. Тарыхый жагдайда улут көсөмдөрү өтө бийик болушу керек. Өз ара жарышуунун кажети жок, азыр казактын канча майы, газы Кытайга кетип атат, ким сатып атат, кимдин пайдасына, кандай жумушчулар кайдан келет деген суроолорго жооп издешибиз керек. Эл, коом айкын билүүгө тийиш. Нурсултан Назарбаев мыкты азамат, бирок Кытайга келгенде чоң ката кетирип жатат. Соңку жылдары Кытайдан карызга миллиарддап акча алды, Кытайдын ою такыр башка, аны менен ойноого болбойт. Алар ар бир кадамын терең ойлоп туруп, анан барат, ансыз бир дагы юань чыгарбайт. Мени дагы таң калтырганы: эң билимдүү саналган Акаев президент кезинде китепке Кытайды мактап, көкөлөтүп жазганы. Кантип ал киши жагдайды жакшы билбейт деп таң калгам.

“Азаттык: Кезинде Мухтар Ауэзов, Чыңгыз Айтматов сыңары үлкөн инсандар азыр сиз айтып аткан идеяны сүрөп, кыргыз-казактын арасын ого бетер жакындатуу аракетин көрүшкөн. Эми кандай болду? Бул турган Таласка барып калганда Казак чек арасынан кыргыздар ыйлап өтүшөт. Москвада окуганда казак достор менен бир туугандай каралашып, бир үзүм нанды бөлүп жешчү элек. Анан эмнеге бир паста эле эки боордош элди чек ара бөлүп таштады? Эмне үчүн бажыканада бири-бирин кордойт, эмне үчүн бири-бирине малай деп анекдот чыгарат?

Ауэзов: Мындай нерсе тарыхта болот. Бул элдин адашуусу. Адашкандын артында аны уюштуруп, колтукка суу бүркүп аткан сырткы күчтөр бар. Ошондуктан, биз азыр бул суроого ачык жооп издешибиз керек. Сен өзүңдү билсең, өзүңдүн арман-кыялыңды аңдасаң, болочокто элдин байланышын билсең, ошондо бул суроого оң жооп таба аласың. Бул заман азыр тез өзгөрүштөрдү алып келет, ошондуктан, биз аны көп созбой, тезирээк иш-чараларды жүргүзсөк, натыйжага тез жетебиз. Тарыхый жагдайдын өзү жаңы күчтөрдүн сахнага чыгуусун талап кылып атат.

“Азаттык”: Европада бир кездери өз ара кырды бычак болгон элдер ортосунда азыр чек ара ачык, ээн-эркин кирип чыгышат, ойношот, эс алышат. Ошол эле кезде тили бир, дили бир, дини бир казак-кыргыз -өзбек чек арасын чычкан мурду жөргөлөгүс бекитилген. Бул абал канчага чейин созулат?

Ауэзов: Жакын арада бул тегеректе Евросоюз сыяктуу ачык чек аралар боло койбойт. Ага көптөгөн себептер бар. Бирок биз биринчи кезекте ниетибизди оңдошубуз керек, түшүнүктөрүбүздү аныктап алуубуз керек. Казак, кыргыз, өзбек, тажик, түркмөндөрдүн жакшы азаматтары ачуу чындыктан коркпой, акыйкатты айтышы кажет. Ооба, чек арадагы абалды көрүп, менин жаным ачыйт, катуу кысылам. Сиздерде болгон соңку окуялардан кийин биздин чек арачылар боордошторубузга намысына тийбегендей назик мамиле жасашы керек эле, андай болбоду. Бул да биз үчүн сабак, мындай кайталанбасын деп гана айтам.

Кытай бийиктиктерди ээлеп келатат

“Азаттык”: Илгери Кыргызстан менен Кытай Үзөңгү-Куушту талашып жатканда Би-Би-Сиге интервью берген элеңиз, кабарчы сизден эми бул тоо-таш экен го, кыргыздар ушуну ызы-чуу кылбай эле берип койсо эмне болот сурады эле, сиз жоок, көчмөндөр үчүн алтын дагы, башка байлык маанилүү эмес, ар бир таш маанилүү деп айткан элеңиз...

Ауэзов: Ал эсимде, эми бул тарыхта белгилүү нерсе: гунндардын көсөмү Моде баскынчыларга баарын, сулуу кыздарынан бери тартуулап, бирок жерди бербей койгондо, жанындагы адамдар байлыгыңды, элиңди бердиң, эми купкургак жерди кыйбай отурасың дегенде, жок, жердин жүйөөсү башка деп, согушка чыккан экен. Гунндардын даңкы ошондон кийин көтөрүлдү. Демек, көсөм терең түшүнүктөрүн көрсөтө билди. Кытай менен чек арада кеп ташта эмес, алардын утуп алганы: совет мезгилинде господствующие высотки дешчү, алар бийиктикти ээледи. Кытай андай жерлерди казак жеринен, кыргыз жеринен, тажик жеринен алып койду. Алардын саясаты ошондой, биз аны айтсак ,чиновниктер моюндабайт.

“Азаттык”: Кыргыз-өзбек бир тууган улуттар арасында 20 жылдын арасында эки кандуу кагылыш чыкты. Ушул жагдайды сиз изилдеп көрдүңүзбү?

Ауэзов: Албетте изилдедим. Казак, кыргыз, тажик, өзбек, түркмөн азыр кургак отун, куураган бактай болуп калдык. Аны жакса, жалп этип күйүп кетебиз. Ошондуктан, биз өзүбүздү-өзүбүз тирилтүүбүз керек. Тамырыбыз, тарыхыбыз, рухубуз, өнөрүбүз бир экенин сезишибиз керек. Ошондо сырттан ким от салса да, сен жанып кетпейсиң. Ошондуктан, жанагы айткандай кездешүүлөрдү өткөрүүбүз зарыл. Иншалла, баштап жатабыз.

Ташиевдин иши ырбап баратат

Башкы прокуратура депутат Камчыбек Ташиевди кол тийбестиктен ажыратуу өтүнүчүн парламентке жолдогон. Мындай өтүнүчтү депутаттар канааттандырышабы?

“Ата Журт” фаркциясынын мүчөсү Бахадыр Сулейманов 31-мартта Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгына кайрылып, фракция төрагасы Камчыбек Ташиев аны депутаттык мандатты тапшырууга мажбурлап, төрага Ахматбек Келдибековдун кеңсесинде ур-токмокко алганы боюнча арыз жазган.

Бул боюнча Башкы прокуратура Кылмыш кодексинин “бейбаштык кылган” деген беренеси (234-берене) боюнча К.Ташиевге карата кылмыш ишин козгогон.

Ишти тергөө Ички иштер министрлигинин Башкы тергөө башкармалыгына тапшырылган. Тергөө маалында Б.Сулеймановдун алган жаракатын так аныктоо үчүн соттук-медициналык экспертиза жүргүзүлгөн.

Бахадыр Сулейманов
Анын натыйжасында, “Б.Сулеймановдун мээси чайкалып-сезгенген, мурун сөөгү сынган, сол кулагы олуттуу жабыркаган” деген жыйынтык чыгып, К.Ташиевдин кылмыш иши “бейбаштык кылган” деген жеңил беренеден, “атайылап денеге оор залакат келтирген” деген оорураак беренеге (104-берене) которулган.

Бул берене боюнча айыпталгандардын күнөөсү далилденсе, 5 жылдан 8 жылга чейин эркинен ажыратуу каралган.

7-июнда Ички иштер министрлиги Башкы прокуратурага кайрылып, К.Ташиевдин кол тийбестиги болгондуктан суракка ала албай атканын билдирген. 10-июнда Башкы прокуратура К.Ташиевди кол тийбестиктен ажыратуу боюнча Жогорку Кеңешке сунуш жолдогон.

Ошондон бери К.Ташиевди колдогон митингдер Ош, Жалал-Абад облустарында болуп өттү.

Башкы прокуратуранын маалымат катчысы Талант Конокбаев “Азаттыктын” суроосуна жооп берип, тартип коргоо органдары мыйзамда көрсөтүлгөн эреже боюнча чара көрүүгө мажбур экенин, "К.Ташиевге козголгон кылмыш иши - саясат" дегендер чоң жаңылышарын билдирди:

- Бул эми биздин парламенттин, Жогорку Кеңештин ыйгарым укуктарына тиешелүү маселелер болуп атпайбы. Ошол эле маалда айрым туура эмес маалымат тарап, “саясий негизде туура эмес иш жүрүп атат” деген сөздөр абдан олдоксон, калпыс экенин айтып коюшубуз керек. Анткени мен баса белгилеп кетейин, жогоруда белгиленип аткан жагдайларда тартип коргоо органдары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына ылайык, башкача айтканда жарандардын мыйзам алдында бирдейлигинин, жасаган кылмыш иши үчүн жоопкерчилик тартары шексиз экендигине, ушундай принциптерге таянып тартип коргоо органдары иш алып барып жатат.

Камчыбек Ташиев болсо буга чейин депутат Б.Сулеймановду сабап-сабабаганын тартип коргоо органдары териштирип аларын айткан. Ошол эле маалда ал Башкы прокуратуранын “кол тийбестиктен ажыратуу” өтүнүчүн саясий буйрутма катары баалоодо:

- Эми бул саясий буйрутма экендиги айдан-ачык болуп турат. Бахадыр Сулейманов менен экөөбүздүн ортобуздагы болгон кайсы бир пикир келишпестиктер, бул биздин экөөбүздүн гана ортобузда чечиле турган маселелер. Аны ушундай саясий маселеге айлынтып жиберүүнүн башкы себеби, бул менин күзүндө боло турган президенттик шайлоого катышуу мүмкүнчүлүгүмдү чектөө боюнча булардын аракети болуп атат.

Серепчи Руслан Ташановдун пикиринде, бул маселеге укуктук жактан да, саясий жактан да баа берилиши керек. Укуктук жактан алганда, тергөө органдары ишти иликтеши керек. Саясий жактан алганда, “депутатты токмоктоду” делип аткан “Ата Журт” фракциясынын лидеринен кол тийбестик алынабы же жокпу, парламент чечүүсү керек:

- Алдын ала кандайдыр бир божомолдорду айтуудан такыр алысмын. Бирок көбүн эсе бизде мурдатан болуп келгендей, бул учурда депутаттар аны алууга макулдук бербейт деп ойлойм.

Ошондой эле серепчи Р.Ташановдун айтымында, К.Ташиевдин тарапкерлеринин митингге чыгуусу кадыресе көрүнүш жана андан чочулабоо керек. Эң негизгиси, нааразы болгондор мыйзам чегинде акцияларды өткөрүп, башаламандыктарга барбаса болду. Эми парламенттин бул маселе боюнча чечимин күтүү керек болот. Анткени депутаттардын көпчүлүк добушу менен К.Ташиевдин кол тийбестиги алынбаса, анда бул кылмыш иши боюнча аны жоопко тартуу мүмкүн эмес.

Токол алуу мартабалуулуктун белгисиби?

Борбор Азия аймагында көп аял алуучулукка 90 жыл мурда тыюу салынган. Бирок көп аял алуучулук бул аймакта, айрыкча Казакстанда, Кыргызстанда жок деп кимдир бирөөнү ишендирүү - куру убара.

Казакстанда көп аял алуучулукка мыйзам жол бербейт, бирок көп аял алган адам кылмыш жообуна тартылбайт.

Борбор Азиядагы башка постсоветтик мамлекеттерден айырмаланып Кылмыш кодексинен бул жобо 1998-жылы алынып салынган. Ушундан кийин айыл-кыштактарда, колунда барлар көп аял алганды кадырэсе көрүнүшкө айландырды.

Алардын так эсеби жок, бирок жергиликтүү маалымат каражаттары сурамжылаганда эркектердин 40 пайызы, аялдардын 20 пайызы муну колдой турганын айтышкан.

57 жаштагы Шайыр айым - байбиче. Анын дагы эки күнүлөшү бар. Ал муну өөн көрүнүш деп санабайт.

- Колдойм. Эркектер бардыгына бирдей караса - айырмасы жок. Үйдө бирибиз жок болсок, бирибиз барбыз.

Анын үстүнө балдар бизди бөлбөйт, мени апа дейт, менден кийинкисин мама дейт, өзүнүн апасын да мама дешет кичинелери. Негизги маселелерди үйдө мен чечем. Кезектешип эс алабыз.


Шайыр айым башка аялдарын, алар төрөгөн балдарын жашырган эркектерди жактырбайт, жашырган бала да, аял да эч кандай укуктарга ээ болбой калат деп капаланат.

Казакстанда адатта 40 жаштан ашкан эркектер экинчи же андан кийинки аялдыкка өзүнөн жыйырма, он жаш кичүүлөрдү алат.

Казакстанда "байбичелер Алматыда, токолдор Астанада жашайт" деген аңыз кеп тараган. Бул балким 90-жылдардын этегинде баш калааны которууга байланыштуу чыкса керек.

Анын үстүнө Казакстан президенти Нурсултан Назарбаевдин мурунку күйөө баласы Рахат Алиев кайынатасы үч кызы менен аялын Алматыга калтырып, Астанада бир эмес, эки токол алганын, алардан бир эркек, эки кыздуу болгонун жазган. Назарбаев токолдору жөнүндө айтканы беймаалым, расмий жолугушууларда элге белгилүү жубайы Сара менен жүрөт.

Казак парламенти көп аялдуулукту эки ирет мыйзамдаштырууга, Баш мыйзамга киргизүүгө аракет кылып, бирок колдоо таба алган жок. Акыркы жолу мындай сунушту «Нике жана үй-бүлө» уюму 2008-жылы берип, бирок каршылыкка кабылган. Аялдардын укуктарын коргогон депутат Бахыт Сыздыкова тең укуктуулукту толук сактоо үчүн аялдардын да көп күйөөгө чыгышын мыйзамдаштырыш керек деп чыккан.

Жаңжалга түрткөн көрүнүш

Анткен менен көп аял алууну каалаган эркек маселени молдолорго нике кыйдыруу жолу менен чечип жатат. Алматы борбордук мечитинин имамы Бахтияр Хасаналиевдин айтымында, жыл башынан бери баш-аягы 400-500 чамалуу нике кыйылды.

Казакстандан айырмаланып Кыргызстанда көп аял алган киши кылмыш жообуна тартылат. Муну жокко чыгаруу аракетин 2008-жылы ошол кездеги Юстиция министри Марат Кайыпов парламентке сунуштап, бирок колдоо таппай калган. Ошол кездеги президент Курманбек Бакиевдин Татьяна Бакиевадан башка жаш аялы, бир кыз, бир уулу бар экендиги апрель окуясынан кийин Беларуска баш калкалап кетип жатканда ачыкталган.

Кыргызстандагы көп аял менен бир учурда жашап жаткан эркектер бул теманы козгогонду жактырышпайт. "Сезим" кризистик борборунун өкүлү Сүйүн Курманова мамлекеттик таасирдүү чөйрөлөрдө көтөрүлүп келген бул өңдүү демилгелер, жолугуп жаткан фактылар коомчулукта жапырт колдоо таппаганы менен, анын таасири аң-сезимде сакталып калды дейт.

Укук коргоочунун айтымында, азыр өтө ачык жарыяланбаганы менен, экинчи же үчүнчү аял алуу кыргызстандык эркектер үчүн жакшы унаа, жакшы үй сыяктуу эле байгердиктин, мартабалуулуктун белгиси болуп калды. Ушундай көрүнүштөрдү эске алган укук коргоочу аял алуучулукту кылмыш катары кароодон баш тартуу демилгесинин качандыр бир учурда кайра козголушун жокко чыгарбайт:
Эркектер бардыгына бирдей караса - айырмасы жок. Үйдө бирибиз жок болсок, бирибиз барбыз.

- Азыркы парламентте деле эки же андан көп аял алгандар отурушат. Эгер ушул маселеге көңүл бурулуп калса көпчүлүгү колдойт болуш керек.

Өз байкоолоруна таянган кыргызстандык укук коргоочу аялдар көп учурда материалдык көз карандылыктын айынан байбиче же токол болууга бел байлайт дейт. Курманова күнүлөш төрт аялдан байбичеси менен жолугушканын айтып отурду:

- Төртөөнүн экөө эки жакта, экөө жанаша жашашат экен. Улуусу менен жолугушканга мүмкүнчүлүк болду. Ал сыртынан билгизбегенге аракет кылат экен, бирок аргасыз макул болууга мажбурланганы билинип турат.

Укук коргоочу күнүлөштөр ортосунда тирешүү бара-бара балдар ортосундагы мүлк талашка алып барып, коомдо жаңжалдарды көбөйтөт деп кооптонот. Биринчи кезекте ал полигамия тенденциясы узак жылдар күрөшүп жеткен Борбор Азиядагы аялдардын укуктук теңчилигине доо кетирип жатканына кейиди.

Өнүккөн өлкөлөргө визасыз каттам эрежеси ара жолдо турат

Өнүккөн өлкөлөр үчүн визалык режимди алып салган шартта, туризмден түшкөн каражат кыска аралыкта 2-3 эсе артаары айтылууда. Бирок бул демилге 10-15 жылдан бери ишке ашпай келатат.

Бир топ жылдан бери ишкерлер, айрым коомдук жана саясий ишмерлер Европа өлкөлөрү, АКШ, Жапония сыяктуу өнүккөн мамлекеттердин жарандары үчүн виза алуу эрежесин алып салууну сунуштап келишет. Алдыңкы өлкөлөр үчүн бир тараптуу чечим менен визаны алып салуу - өлкөдөгү туризмдин өнүгүшүнө, аны менен катар экономиканын башка тармактарынын жакшыруусуна алып келери айтылат.

Экономиканы тескөө министрлигинин маалыматы боюнча, 2010-жылы Ички дүң продукциядагы туризмдин үлүшү 3,8 пайызды түзгөн. Быйыл ал көрсөткүч 4,6 пайызга чейин көтөрүлүшү мүмкүн. Ал эми ишкерлердин эсептөөлөрү боюнча, визасыз эреже орногон соң өнүккөн өлкөлөрдөн келген туристтердин саны артып, 2-3 жылда туризмдин үлүшү Ички дүң продукциянын 10 пайызын, 6-7 жылда 15 пайызын түзүп калуусу мүмкүн.

Туризм тармагында адистешкен “Kyrgyz Concept” компаниясынын президенти, мурдагы Экономиканы тескөө министри Эмил Үмөталиев “Азаттыктын” суроолоруна жооп берип, алдыңкы өлкөлөр үчүн виза эрежесин алып салууга жолтоо болгон үч себепти санап берди:

- Биринчиден, бул – биздин илгерки коммунисттик замандан калган саясий көз карандылыгыбыз бир тараптуулукка жол берип, өзүбүздүн элибиздин кызыкчылыгына, талабына жооп бере ала турган саясат жүргүзө албай аткандыгыбыз.

Экинчиден, бул – орто жолдо калтырган, совет доорунан калган бюрократиянын жана кээ бир министрликтердин кызыкчылыгы болуп атат. Мисалы ошол эле Тышкы иштер министрлиги же алар менен бирге иштешкен коопсуздук уюмдарынын кызыкчылыгы болуп атат. Алар виза чектөөдөн же виза сатуудан каражат топтоп, киреше алып, ошол мекемелик кызыкчылык жалпы элдин кызыкчылыгына карама-каршы келип атат. Өнүккөн өлкөлөр үчүн визаны алып салсак, биздин өлкө виза сатууга караганда ондогон эсе көп каражат табарын алар түшүнбөйт.

Үчүнчү себеп - коррупция. Аны аныкташ азыр бийликтин колунда. Эгерде ошол жерде кандайдыр бир көмүскө иштер болуп атса, ошолор коррупциялык кызыкчылыгы үчүн дале болсо ошол эрежелерди, ошол тоскоолдуктарды кармап турганга абдан кызыкдар…


Ошондой эле Э.Үмөталиевдин айтымында, кээ бир министрликтердин жетекчилери өнүккөн өлкөлөр үчүн визаны алып салуу маселеси көтөрүлгөндө, көпчүлүктүн көзүн жазгырып “электрондук виза беребиз”, “жеңилдетилген виза киргиздик” деген шылтоолор менен создуктуруп келатышат.

Талаптар аткарылды деген түр көрсөтүп, эч качан туристтер келбей турган Түндүк Корея, Куба сыяктуу чакан өлкөлөрдү кошуп коюшкан.

Айтмакчы Украина, Грузия мамлекеттери да өнүккөн өлкөлөр үчүн визаны алып салгандан кийин четтен келген коноктордун саны эселеп өскөн.

2004-жылы Грузияга 40 миң турист келген болсо, 2010-жылы миллионго чукул турист келген. Ар кыл эсептөөлөр боюнча Украинага келген туристтердин саны жылына 20-30 пайызга чейин өсүүдө. Бирок Грузия бакубат жашаган өлкөлөр үчүн визаны эле алып тим болбой, бардык тармактарда катаал реформаларды жасаган.

Равшан Жээнбеков
Жогорку Кеңештин Экономикалык стратегия, инвестициялык саясат жана туризм боюнча комитетинин төрага орун басары Равшан Жээнбековдун айтымында, визаны алып салууга Тышкы иштер министрлиги эле эмес Улуттук коопсуздук комитети да тоскоол болууда.

Депутаттын айтымында, Европа Биримдиги, Жапония, АКШ, Англия, Түштүк Корея сыяктуу мамлекеттерде коопсуздук маселеси эбак жолго коюлган. Андыктан коопсуздук кызматынын “террорчулар өтүп кетет”, “кылмышкерлер келип алат” деп чочулашына негиз жок:

- Өнүккөн мамлекеттер менен виза режимин жок кылуу маселелери, албетте бизге радикалдуу түрдө, бүгүн эле бизге абдан чоң пайда алып келе албайт. Бирок стратегиялык максатта, бул аябагандай маанилүү биз үчүн.

Биз жанагында кичинекей пайдаларга, консулдук чогултууларга азгырылып, стратегиялык жактан көп нерселерден уттуруп атабыз. Мисалы, бизге чет жерден жакшы бир турист келе турган болсо, ал дагы беш туристке барып айтат. “Кыргызстанга визасы жок эле барса болот экен” деп айтат. Анан акырындап өнүгүү башталат, туристтердин каттоосу көбөйөт.


Өткөн айда биринчи вице-премьер-министр Өмүрбек Бабанов Тышкы иштер министрлигине бир катар өлкөлөр үчүн визаны алып салуу боюнча тапшырма берген. Анда ал Европа өлкөлөрү үчүн визаны алып салууга болорун, ТИМ виза сатуудан түшкөн пайданы көздөп өлкөдөгү туризмдин жана экономиканын өнүгүшүнө тоскоол болуп жатканын билдирген.

Тышкы иштер министрлиги болсо виза эрежесин алып салуу жаатында иштер жасалып атканын билдирип, “Кыргыз Республикасындагы визасыз режим” аттуу тизмесин жарыялады. Бирок анда мурдагы бийликтер тушунда эле визасыз карым-катнаш жүргүзүп келишкен өлкөлөрдүн аттары жүрөт. Алсак, Орусия, Казакстан, Беларус, Тажикстан, Азербайжан, Грузия, Армения, Молдова. Андан тышкары 30 күндөн 90 күнгө чейин визасыз режим иштеген Түркия, Малайзия, Украина, Өзбекстан, Монголия бар.

Алыскы өлкөлөрдөн кыргыз мамлекетине Куба, Вьетнам, Түндүк Кореянын жарандары визасы жок эле кире алат, бирок бул өлкөлөр – эли аз саякаттаган жарды мамлекеттердин катарына кирет. Андан тышкары А.Акаев тушунда эле Жапония жарандары үчүн виза алынып салынган. Бирок Европа өлкөлөрү, АКШ, Англия сыяктуу бай, эли көп саякаттаган башка мамлекеттер виза алынып салынган өлкөлөрдүн тизмесинде жок.

Андан тышкары жеке кайрылуунун негизинде жеңилдетилген түрдө виза берилчү өлкөлөрдүн тизмеси да түзүлгөн. Ага 45 мамлекет кирет. Бирок адистердин ырасташынча, мунун визалык режимден айырмасы аз болот.

Кыргызстан 31-чабал мамлекет

"Тынчтык үчүн" фонду 177 өлкөнүн мамлекеттүүлүгүн таразалаган жадыбалын жарыялады. Андагы өтө чабал деп табылган 35 мамлекеттин тизмесинде Кыргызстан 31-орунда турат.

Фонд 12 өлкөнү адамдын жашоосуна ылайык шарттар түзүлгөн, кыйла стабилдүү өлкөлөр деп таап, ага Финляндия, Норвегия, Швеция, Швейцария, Дания өңдүү Батыш өлкөлөрүн киргизген.

АКШга стабилдүү саналган он өлкөнүн ичинен төртүнчү орун ыйгарылган.

177 өлкөнүн деңгээлин "Тынчтык үчүн" фонду экономикалык, саясий, социалдык багыттагы 12 ченемдин негизинде аныктап, анын 35 мамлекетин өтө чабал деп тапкан. Алардын башында Сомали турат.

Сомали "Тынчтык үчүн" корунун тизмесинде 1-орунда турат
Ушуну менен Сомали дүйнөдөгү мамлекеттүүлүгүн сактай албай калуу коркунучу бар, башкарылбаган, эли жакырчылыкка белчесинен баткан, экономикасы талкалануу алдындагы биринчи өлкө деп жети жыл ичинде төртүнчү ирет аталып отурат.

7-орунда Ооганстан, 9-орунда Ирак турат, Конго Кыргызстандан бир тепкич бийигирээк упай топтоп, 32-орунга жеткен.

Бийлик алсызданды, экономика жабыркады

31-орун ыйгарылган Кыргызстан мурдагы жылдары мындан он тепкичке бийик болчу. Кошуна Өзбекстан менен Тажикстандын упайлары андан төмөн болчу.

Бул жолу Кыргызстан Борбор Азия эле эмес, жалпы постсоветтик өлкөлөрдүн ичинен чабал өлкөлөрдүн катарына жалгыз кирип калды. Муну жергиликтүү талдоочулардын бири Кубатбек Кожоналиев былтыркы окуялардын кээри дейт:
Эгер мындан ары жарыла берсек, мындан да катуу нерселерди башыбыздан өткөрүшүбүз ыктымал. Дагы төмөн, түбүнө жете элекпизби деп атам.

- Азыр Кыргызстан кыйын учурду башынан өткөрүп атат. Мына Ош окуясы, андан мурда Маевка окуясы, ыңкылаптар чынында эле биздин мамлекеттүүлүгүбүздү жардын чекесине түртүп келип койду. Бул жерде ачуу чындык бар. Бул биздин башыбызга түшкөн сыноо сыяктуу.

Кыргызстанда былтыр бийликте коррупция күчөп, ал массалык нааразылыктарга жалгашып, бийликтин кулашын шарттады. Бийликти күч менен алмаштырган апрель окуясы токсондон ашык, улуттар аралык араздашуулар беш жүзгө жакын адамдын өмүрүн алды, бийлик алсызданып, экономика жабыркады.

Ийгиликтин формуласы

Бириккен Улуттар уюму аныктаган ченемдерден алганда Кыргызстандагы окуялар сөзсүз анын аброюна таасир этмек деди фонддун аныктамасын эске алган президенттик аппараттын стратегиялык талдоо бөлүмүнүн башчысы Орозбек Молдалиев:

- Мамлекет боло албай жаткан мамлекеттер деген критерийге байлыгы мол Орусия өңдүү өлкөлөр деле кирет. Буга чычалабашыбыз керек. Биз өнүгүүнүн жолунда болгондон кийин колунда жок, алсыздарга бир нерсе деп айтканга башкалар аракеттене беришет. Биз аларга чычалабай, ошолордон чыйралышыбыз керек.

7-апрелдеги ыңкылаптын курмандыктарын эскерүү иш-чарасы
Орозбек Молдалиевдин ишениминде, бүгүнкү Кыргызстан кубатын арттыруу менен алек, бийлик конституциялык реформаны, анын негизинде ишке кирген парламенттик башкарууну, коррупцияга каршы күрөштүн, экономиканы чыңдоонун ачкычы катары карап жатат. Ошондуктан азыр Кыргызстан ар кандай бөлүнүп-жарылууларга эмес, жаратмандыкка умтулганда гана упай топтой алат дейт талдоочу:

- Мына Монголиянын мисалын алалы, биз андай инвестицияларды көрө элекпиз. Темпи жылына 8-9 пайыз өнүгүү менен кетип атат. Уурдалбаса, бардык нерсе мыйзам чегинде чечилсе, коррупциянын деңгээли төмөндөсө инвестиция келе баштайт. Анан биз акырындык менен өнүгө баштайбыз.

Саясат таануучу Кубатбек Кожоналиев ырааттуу башкаруунун жоктугу жаңы жаңжалдарга алып барат деп чочулап турат:

- Эгер мындан ары жарыла берсек, мындан да катуу нерселерди башыбыздан өткөрүшүбүз ыктымал. Дагы төмөн, түбүнө жете элекпизби деп атам. Анткени талаш-тартыш бүтө элек болуп атат, бийликтин аракети начар болуп атат. Бакиев кезинде коррупциялашкан схемаларды азыр да пайдаланып атышат. Азыр менин бир үмүтүм президенттик шайлоодо турат.

Качып кеткен мурдагы эки президенттин өнөкөтүнө жол бербөө, шайлоо аркылуу бийликти кийинкилерге тынч өткөрүп берүү башкы максат болуп жатканын 7-апрелде бийликке келген өткөөл бийлик буга чейин бир нече ирет айтканы бар.

"Тынчтык үчүн" фонду расмий бийликке ээ боло албаган, адамдардын жашоосуна шарт түзө албаган, саясий, экономикалык кризиске кептелген, башка өлкөлөр менен теңата кызматташа албаган мамлекеттерди өтө чабал мамлекеттердин катарына кошуп келатат.

Кен: сөөгү биздики, эти сиздикиби?

Кумтөр кени

Кыргызстанда кендерди иштетүүгө жергиликтүү калк өкүлдөрү каршы чыгып, инвесторлорду чочуткан жагдайлар арбын. “Азаттыктын” “Арай көз чарай” талкуусуна мына ушул маселе коюлду.

Талкууга катышкандар:

Жаратылыш ресурстары министрлигинин статс-катчысы Наби Эшназаров, Кыргызстан тоо кенчилер бирикмесинин төрагасы Орозбек Дүйшеев жана “Сандык кенин коргоо” комитетинин төрагасы Мурат Жакыпов.

“Азаттык”: Кыргызстанда кендерди иштетүү керекпи, же бийлик элдин ишенимине толук киргенге чейин токтото туруу зарылбы?

Мурат Жакыпов: Кыргызстанда кен байлыктарды иштетүү сөзсүз керек. Бирок кен иштетүүдөн биздин өлкө Казакстанга, же Орусияга окшогон кенен мамлекет болгондо бул билинбестен өтүп кетээр эле.

Биринчиден, биздин аймагыбыз өтө эле тар. Экинчиден, биздин жаратылышыбыз андай нерселерге толугу менен эсептелген эмес. Себеби кайсы кен байлыктарды казып чыкпайлы - анын зыяны көп болуп атат.

Илгери Миң-Куштан уран казып, азыр кандай абалга келдик? Ар жыл сайын аны жаап турганга миллиондогон сом кетет. Андан тышкары Таластагы Жерүйдүн, Кумтөрдүн ызы-чуусу бүтпөй атат. Бул мындан ары күчөшү мүмкүн. Анын залакасын эл эми түшүнө баштады.
Акча таап, анан өндүрүштү өстүрүш керек, ошондон түшөт акча. Анан көчөдө иштебей жүрө берсек эмне деген турмуш болот?

“Азаттык”: Жерибиз тар экен, зыян тийгизет экен деген себеп менен кендерди иштетпей коюшубуз керекпи? Бул жерден жергиликтүү калктын, экологиянын, борбордук бийликтин, инвестордун да кызыкчылыгын сактаган шартта биз кантип иштете алабыз, же болбосо карама-каршылыктан чыга албай, өлкөбүз өнүгө албай, ушинтип тура беребизби?

Орозбек Дүйшеев: Кыргызстан кудай берген сонун жерде жайгашкан. Биздин тоолорубузда кен байлыктар көп, көлдөр, мөңгүлөр бар. Ошого карабастан биз бүгүнкү күнгө чейин ошол кендерди пайдалана албай, эң жарды өлкөгө айландык.

Мурат мырзанын айтканы туура эмес, ар бир кен байлыкты ошол жерде жашагандар иштетсин, ошонун пайдасын көрсүн дейт. Коркуп иштетүүгө болбойт деген бул түшүбөгөндүктүн негизи. Бүт дүйнөдө алтын казып атат, уранды да иштетип атат.

Миң-Куш уранды казган үчүн эмес, кийинки убакта биздин өкмөттүн туура эмес пайдаланганынан, курулуштардын бардыгы талкаланып азыр туура болбой жатканынан чыгууда. Уран жабылгандан кийин завод курулду эле, эл сонун иштеп аткан. Кийин биздин элдин илим, техниканы түшүнбөгөнү биздин келечегибизге көп зыянын алып келүүдө. Буга мен каршымын.

Пайдасы көп, зыяны жок эмес

“Азаттык”: Кендерди иштетүү жергиликтүү калкка маалымат берилбей, алардын кызыкчылыгы корголбой калышы мына ушундай реакцияларды жаратып жаткан жокпу?

Наби Эшназаров: Маалыматтар толук жетпей жатышы мүмкүн. Бирок эгерде кен байлыктар иштетиле тургандай чечим кабыл алынган болсо, сөзсүз жеткирилет. Анткени иштетээрдин алдында долбоорлор түзүлөт, ал тиешелүү экспертизадан өтөт, коомдук угуулар менен сөзсүз талкууланат.

“Азаттык”: Сандыктагы алюминий кени боюнча чечим кабыл алындыбы?

Наби Эшназаров: Азырынча чечим кабыл алына элек, келечекте иштетүүлөр боюнча сүйлөшүүлөр гана болуп атат. Ал жерди иштете турган болсок, сөзсүз Кыргызстандын түндүгү менен түштүгүн бириктире турган темир жол курулушу мүмкүн, ошол жол аркылуу гана бул кендер иштетилиши мүмкүн.
Илгери Миң-Куштан уран казып, азыр кандай абалга келдик? Ар жыл сайын аны жаап турганга миллиондогон сом кетет.

Темир жол курула турган болсо, жалаң эле алюминий кен байлыктары эмес, андан тышкары ошол аймактагы орто, майда кендерди иштеткенге мүмкүнчүлүк болот. Кен байлыктарды иштеткенде аймактын чоңдугунан, же чакандыгынан болбойт, бирок айлана-чөйрөгө зыян келтирбей турган технологияны колдонуп иштете турган болсок, бул өлкөгө пайда гана алып келет.

“Азаттык”: Мурат мырза, Сандык кенин, Жетим-Тоодогу темир кенин иштетүү боюнча жергиликтүү калкта маалымат барбы?

Мурат Жакыпов: Туура колдонгон мезгилде баары жакшы болмок. Бирок азыркы мезгилде бизде кандай чар-жайыт болуп, эч ким эч нерсени колдонгусу келбегенин көрүп турбайбызбы. Ошондуктан инвесторлор келип иштетет дегени азыркы мезгилде тескери маанини орнотуп койду.

Мен Миң-Кушка барып эл менен көзмө-көз сүйлөшүп келдим. Бири да Сандык кенин иштетүүгө, Көкөмөрөн, Суусамыр, Капчыгайда ГЭСтин курулушуна толугу менен каршы. Себеби ГЭСти кура турган болсо, Жумгал районунун ылдыйкы зонасы көчөт, алюминий заводун кура турган болсо өйдөдөгү зонасы көчөт, ошону менен Жумгал району жок болуп кетет.

Экинчиден, Сандык тоосунан агып түшкөн суу Орто-Токойго куят, андан иштелип чыккан уулуу заттар Кочкор районун каптайт, Орто-Токой булганып, Чүй өрөөнүн, андан ары Казакстанды, андан ары Көкөмөрөндү булгап түштүк өрөөнүн чөлгө айландырат.

“Азаттык”: Ушул кендерди иштетсек ушундай абал түзүлөбү?

Наби Эшназаров: Ар бирибиздин өз көз карашыбыз бар экен. Бирок реалдуу турмушка карап жыйынтыкташыбыз керек. Кен байлыкты иштетет десе эле бүгүн-эртең иштеп кетпейт, ага долбоор түзүлүп, экспертизадан өтөт.

ГЭСтер курулганда эмне үчүн зыян келтириши мүмкүн? Көчүрүлө турган жерлер алыс жакка кетпейт, мүмкүн көчүрүлбөйт. Тескерисинче ал жердеги элдин саны көбөйүшү мүмкүн. Анткени 5 миң жумуш орундары пайда болушу мүмкүн. Иштете турган нерселердин баары бардык жактан сөзсүз алдын ала каралып туруп иштетилет.

Мурат Жакыпов: Инвесторлор дегендин негизги котормосу кандай?

“Азаттык”: Акча сала турган адам, пайда көздөгөн.
Биздин тоолорубузда кен байлыктар көп, көлдөр, мөңгүлөр бар. Ошого карабастан биз бүгүнкү күнгө чейин ошол кендерди пайдалана албай, эң жарды өлкөгө айландык.

Мурат Жакыпов: Биз инвестор деп элдин башын айлантканды туура которсок, бул кайыр суроо дегенди билдирет. Бизде эмне кыргыздын жигиттери, ишкерлери жокпу? Мал, пахта өстүрүү боюнча Советтер Союзу убагында үчүнчү орунда турган Кыргызстан азыр алдыга чыга албайбызбы? Эмне үчүн бул каралбайт? Жеке эле чет жактан келип Кыргызстанды чуңкурга айландырып кеткенге эмнеге даярдыгыбызды берип атабыз?

Орозбек Дүйшеев: "Чала молдо дин бузат" деген кыргыздын жакшы сөзү бар. Түшүнүп-түшүнбөй, эсептебей эле кыйкырып, элдин баарын бузуп аткан адамдар көп болууда. Бүгүнкү күндө техника дүйнөдө өскөн. Бир курулушту башташ үчүн миллиарддаган акча керек. Мисалы Көкөмөрөндү куруш үчүн 1 млрд. доллар керек. Аны Кыргызстан кайдан табат? Акча таап, анан өндүрүштү өстүрүш керек, ошондон түшөт акча. Анан көчөдө иштебей жүрө берсек эмне деген турмуш болот?

Мурат Жакыпов: Анда баарын Кытайга сатып жиберелиби?

Орозбек Дүйшеев: Сатпайбыз, кеп ошондо турат, саясатты башкача жүргүзүш керек. 20 жылдан бери биздин жетекчилерибиз туура эмес саясат жүргүзүп, тигилерге баш ийип калдык. Азыр эми ошол саясатты өзгөртүшүбүз керек, биздин адистер менен чогуу иштеп, анан Кыргызстан башкарыш керек.

Буттан чалган коррупция

“Азаттык”: Элдин чочулоосуна негиз берген эки жагдай бар. Мисалы Кумтөрдү алалы, элдин кызыкчылыгына каршы келген башындагы чечимдер, андан кийинкилер элдин ишенбестигин пайда кылганга негиз берип, азыр бийликке да ишенбегендей кырдаал түзүлүп жатат да?

Наби Эшназаров: Мен буга толук кошула албайм. Анткени Кумтөрдүн иштегени башында туура эмес жерлер болгон. Элдин талабы коюлуп, барган сайын келишимдер өзгөрүп, кайрадан түзүлүп атпайбы. Экология жагында, алар эң акыркы заманбап технология менен курулуштар болуп жатат.

Нарын суусунда уулуу заттар бар деп атышат. Бирок биз аларга кошула албайбыз. Анткени Кумтөрдөн баштап Нарындын чегине чейин 20дан ашык байкоочу станциялар коюлган. Ал станциялар дайыма норманы текшерип турат, эч качан андан ашыкча болуп кетпейт. Бирок биз кетирген кемчиликтерибизге жараша оңдоп иш кылабыз. Азыр инвесторлорду кайырчылар деп айтып атпайбы. Мен ойлойм, тескерисинче акча салуучулар. Жергиликтүү ишкерлерге тоскоолдук эч качан жок. Тоо кен тармагына абдан чоң каражат керек. Бизде бар болсо эч ким ага тоскоолдук кылмак эмес.

“Азаттык”: Эл аралык ишкерлер кеңешинин төрагасы Хью МакКинон тоо кен ишканалары сөзсүз түрдө жергиликтүү бюджетке каражат чегере турган мыйзам кабыл алыныш керек деп сунуштады. Мүмкүн ушул маселе башкыдыр?

Мурат Жакыпов: Эгерде экологияга зыяны тийбесе жергиликтүү калк андан качпайт.
Темир жол курула турган болсо, жалаң эле алюминий кен байлыктары эмес, андан тышкары ошол аймактагы орто, майда кендерди иштеткенге мүмкүнчүлүк болот.

Орозбек Дүйшеев: Былтыр Кумтөрдөн 5 млрд. 400 млн. бюджетке түштү. Өткөн жылы Кумтөр алтынды 704 млн. долларга сатса, анын 450 млн. Кыргызстанда калды. Бул абдан чоң пайда. Ушуга окшогон бизде ишкана жок. Эгерде чет элден келген инвесторлорду туура пайдаланып иштетсек ошондой эле болот.

Кумтөрдө азыр орточо айлык 60-70 миң сом. Ысык-Көлдө 6 млн. доллар өндүрүшкө кетти, 17 мектептин 14ү ошонун эсебинен курулду. Таласта да кээ бир адамдар Жерүйдү иштетпей атты эле, туура эмес саясаттын негизинде ишке киргизбей бөлүп койду эле, Таласка 15 млн. доллар түшпөй калды.

Андаш да ошондой болуп турат, анын эч кандай зыяны жок. Ал жерде эл экиге бөлүнүп алган байлар, кедейлер болуп. Байлар иштекиси келбейт, кедейлер жакыр бойдон калган. Кыргызстандын миллионго жакын элибиз тентип жүрөт. Кен байлыктарын туура иштетип байыш керек.

“Азаттык”: Эгерде экологияга зыян келбесе, ошол жагын жакшы карасак, бул бийликтин негизги милдети, министрлик эмне кылыш керек?

Наби Эшназаров: Сөзсүз кен байлыктар иштетилээрде аларга чоң долбоорлор даярдалат. Эгер ошол долбоорлордо кемчиликтер бар болсо, ага алымча, кошумчаларды киргизүүгө укугу бар. Ал кен байлык айлана-чөйрөгө зыяны келтирбей турганда гана иштетилет.

“Азаттык”: Жергиликтүү бюджетке 15 пайыз чегериле турган болсо мыйзамды министрлик колдойбу?

Орозбек Дүйшеев: Анын өзүнүн атайын проценти бар. Биз 2007-жылдан баштап Кумтөрдүн бир пайызы облуска түшсүн дегенбиз. Бул абдан эле чоң пайда. Жерүй боюнча да ушундай кабыл алганбыз, жылына 3 млн. доллар түшүп турмак. Бүгүнкү күндө салыкка Кумтөрдөн 16 пайыз түшүп атат, мындай эч жактан түшпөйт.

Наби Эшназаров: Ар жерден ар түрдүү проценттерди ойлоп таба берген да болбойт. Себеби кен байлыктар жалпы Кыргызстанга татыктуу болуп эсептелет. Жергиликтүү бюджетке да калыш керек.

“Азаттык”: Баткенде Сох дарыясында кытайлар келип алып эле казып аткан экен, айыл өкмөт, жергиликтүү калк эч нерсени билбейт, проблема чыгып атат.

Наби Эшназаров: Ал маселелер да бар. Жалпы Кыргызстанда лицензия албай менчик иштер менен иштеген жерлер бар. Бирок аны жергиликтүү бийликтердин укугу бар аларды текшергенге. Эгерде туура эмес, лицензиясыз иштеп аткан болсо тиешелүү органдарга билдирип коюш керек.

“Азаттык”: Рахмат.

ВВСнин кабарчысын “хизбутчу” деп камашты

Урунбой Усманов

BBCнин өзбек редакциясынын кабарчысы Урунбой Усмановду “Хизбут-Тахрир” партиясынын мүчөсү деген айып менен 13-июнда Тажикстандын Хужанд шаарында кармашкан. Журналисттин кесиптештери, Британия менен АКШ кабарчынын камалышына тынчсыздануу билдиришүүдө.

Алгач бул тууралуу Тажикстандын ички иштер министрлигинин расмий өкүлү Махмадулло Асадуллоев билдирди.

“Ал 2009-жылы “Хизбут-Тахрирдин” катарына кошулуп, ишине тыйуу салынган бул партиянын идеясын кеңири пропагандалай баштаган, китепчелерин, баракчаларын таркаткан, - деди Асадуллоев. - Облустагы элден партияга жаңы мүчөлөрдү тартканга аракет кылган”.

Анын айтымында, муну далилдеген бир топ адамдардын көрсөтмөлөрү бар.

Урунбой Усмановдун уулу Айбектин айтымында, 13-июнда алардын үйүнө милиция кызматкерлери келип, Усманов камакта экенин айтышты. Айбек алардын үйүн милиция кызматкерлери текшерип, атасын каралай турган эч нерсе таба албаганын билдирди.

Усманов соңку 10 жылдан бери ВВСнин өзбек редакциясында иштеп келаткан. Анын кесиптеши Шохида Якуб “Азаттыкка” сүйлөп жатып, Усманов эч кандай диний уюмга мүчө экени тууралуу маалыматы жок экенин, ага ишенбей турганын билдирди.

“Бул натуура иш, - дейт Якуб. - ВВС үчүн да аябай жагымсыз окуя болду. Эгерде Тажикстанда да, Өзбекстандагыдай, журналисттерди “баракча табылды” деген күнөө менен түрмөгө отургуза башташса, сөз эркиндигине урулган зор сокку болот деп ойлойм”.

60 жаштагы кабарчы өзү камалышын журналисттик иши менен байланыштырып жатат. Британиянын телерадио корпорациясы - ВВСнин - жетекчилиги жана Британиянын расмий өкүлдөрү Усмановдун камалганына тынчсыздануу билдирип, окуяга кылдат көз салып турушаарын айтышты.

АКШнын Душанбедеги элчиси Кен Гросс интернетте Youtube сайтында видео кайрылуу жасап, Америка элчилиги да кыжаалат болуп жатканын кошумчалады.

“Биз бийлик органдарын окуяны астейдил иликтөөгө жана Усмановго орой мамиле болушуна жол бербөөгө чакырабыз, - деп айтты америкалык элчи. - Журналисттер өздөрү жазган макалалар үчүн токмоктолбошу же түрмөгө отургузулбашы керек деп ишенебиз. Эгерде Усмановдун күнөөсү далилденбесе, аны тезинен түрмөдөн бошотууга чакырабыз”.

Тажикстанда соңку кездери “Хизбут-Тахрирге” каршы аракет күч алганы байкалат. Бул партияга катышы болсо керек деген шек менен быйыл жыл башынан бери эле 30 жакын адам кармалганы кабарланууда. Былтыр өлкөдө диний экстремизм үчүн айыпталып, соттун чечими менен 158 адам түрдүү мөөнөткө эркинен ажыратылган.

Жумгалдыктар Сандыкты ачтырбайбыз дешүүдө

16-июнда Сандыкты сактоо деп аталган комитеттин өкүлдөрү Жумгал районундагы Сандык калай кенинин ачылышына каршылыгын билдиришти. "Эгер бул кен иштетилсе, анда бул тегерек экологиялык капсалаңга учурайт" деп жатышат.

Быйылкы жылдын апрель айынан бери Сандык кени Кытай тарабынан ачылып, иштетиле тургандыгы жөнүндө жалпыга маалымдоо каражаттарында айтылып келүүдө.

Кытай тарап сала турган Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолунун долбоорунун акысына Кыргызстан тарап Нарын облусундагы Жетим-Тоо темир кени менен Сандык калай кенин ал тарапка берет деген пикирлер жергиликтүү элди дүрбөлөңгө салууда.

"Сандык кенин сактоо" комитетинин төрагасы Мурат Жакыповдун айтымында, жергиликтүү эл нааразы болуп, Сандык кенин ачтырууга каршы чыгууда.

- Ошондуктан жумгалдыктар Сандык кенин ачтырбайт. Бул Борбор Азияга экологиялык коркунуч алып келет.

Нарын
Журналист Жолдошбек Токоевдин айтымында, эгерде кен ачыла турган болсо, Көкө-Мерен дарыясын тосуп, ГЭС курууга туура келет. Токоевдин белгилешинче, ал үчүн Жумгал районунун 7-8 айылын көчүрүү зарылдыгы туулат:

- ГЭС курулса, бүтүндөй Токтогул ГЭСинде проблема жаралат.

Ошондой эле экологиялык зыяны да өтө чоң. Адам өмүрүнө зыян алып келчү көп таасирлери болот жана андан чыккан чаңдын кесепетинен өсүмдүктөр өспөй калат
. Миң-Куштагы уран калдыктары сакталган жерлер да экологиялык коркунуч жаратып, Туюк-Суу көлү жарылса, Борбор Азия өлкөлөрү үчүн кырсык алып келүүсү ыктымал.

Жумгалдык Асылбек Төлөгөновдун пикиринде, бийлик жергиликтүү калк менен макулдашпай, сыртынан тон бычкандай туюлууда. Кенди иштетүү үчүн экологияга зыян кылбагандай жаңы технологияны колдонуу зарыл.

Жер астында байлык жатат

Жаратылыш ресурстары министри Замирбек Эсенаманов Жетим-Тоо темир жана Сандык калай кендерин иштетүү тууралуу өкмөт чечим кабыл ала электигин "Азаттыкка" билдирди.

Эсенаманов Сандык калай кени иштетүү жумгалдыктарга пайда алып келээрин, 5 миңден ашуун жумушчу орун түзүлүп, экологияга зыяны болбой турган жаңы технологиялар колдонулаарын ырастайт:

- Темир жолдун акысына Жетим-Тоо темир кени, Сандык калай кени берилет деп ММКлар жалган маалымат таратып, куру бекер элди дүрбөлөң түшүрүүдө. Темир жолдун курулушу, Сандык калай кенин иштетүү Кыргызстандын экономикасы үчүн, тоолуу Нарын облусу үчүн жылына миллиондогон доллар пайда алып келе турган келечектүү иш болуп саналат.

Кытай тараптан берилген сунуш боюнча чынында эле 2009-жылы Нарындагы алтын чыккан Тереккан жана Перевальное, Жетим-Тоо темир кенин, Сандык алюминий кенин темир жол акысына алмашуу жөнүндө өкмөттүн токтому чыккан.

Бирок өкмөт мунун пайда-зыянын изилдеп көрүп, аны кабыл алуудан кийинки жылы баш тарткан. Бирок бул Кыргызстан өзүнүн аймагы аркылуу темир жол салууга каршы дегенди билдирбейт. Бул маселе боюнча өкмөт чечим кабыл ала элек.

Иликтеп-изилдеп Кыргызстан үчүн пайдалуу жагын карап жатабыз. Мындан Жумгал, Нарын эли гана утат. Эч кандай экологиялык коркунуч болбойт. Элди дүрбөтө бербей, бизге келишсе туура, так жооп берет элек.


Илимий маалыматтарга караганда, Сандыкта 50 миллион тонна калай кенинин запасы бар. Анын болжолдуу наркы 2 миллиард долларга барабар.
Адам өмүрүнө зыян алып келчү көп таасирлери болот жана андан чыккан чаңдын кесепетинен өсүмдүктөр өспөй калат.

Адистердин пикиринде, Жетим-Тоо темир кенинин байлыгы 3 триллион долларг тете. Кыргыз бийлигинин долбоору боюнча Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жол курулушу 1,5 миллиард долларга бааланууда.

Бул жол курулуп калса, ал аркылуу транзиттик жүктөрдү ташуудан Кыргызстан жылына 200 миллион доллар пайда табары эсептелген. Кыргызстан темир жол курууга чамасы жок, ошондуктан аны Кытай курганы жатат. Бирок анын ордуна Кыргызстан эмне берет болду экен? Ошон үчүн Жетим-Тоо жана Сандык кендерин Кытайга берет экен деп, жергиликтүү калк дүрбөлөң түшүп жатат көрүнөт.

Мангыстоолук мунайчылар иш таштоодо

Жумушчулар Мангыстоо облус акимиатинин алдында. Актоо. 2-июнь 2011

10-майда Мангыстоо облусундагы “Каржанбасмунай” компаниясынын жумушчулары эмгек акыларын көбөйтүүнү талап кылышканда, нааразылык акциясына башка да жумушчулар кошулат деп эч ким болжогон эмес.

Аларга башка да жумушчулар кошулуп, кенчилердин жана газчылардын кесиптик кошуундары колдоду. Акыркы он беш жылда казак өкмөтү жумушчулардын мындай кеңири масштабда уюшканын көрө элек болчу.

Президент Назарбаев доош чыгара элек


Казакстандын түштүк батышындагы мангыстоолук мунайчылардын иш таштоосунун хронологиясына кайрылсак, 17-майда 1 миңдей жумушчу иш таштоону улантышты.

Алар бул ирет айлык акыны жогорулатууга катар жумуш шартын жакшыртууну, компания жетекчилигинин көзкарандысыз кесиптик кошуунунун ишинине кийлигишүүсүн жана активисттерди куугунтуктаганды токтотууну талап кылышты.

Актау шаарындагы акциянын катышуучусу, өзүн Келбаев деп атаган жумушчу алар максатына жетмейинче, иш таштоону токтотпой турганын билдирди:

"Алга" уюмунун Алматы шаардык комитетинин башчысы Айжангүл Амирова "Каражанбашмунай" компаниясындагы иш таштоого арналган маалымат жыйынында. 7-июнь, 2011.
- Биз бул жерде акыр аягына чейин турабыз. Эмгек акыны көбөйтүү талабыбыз аткарылмайынча бул жерден кетпейбиз.

17-майда “Каржанбасмунайдын” жумушчуларына “Өзенмунайгаз” компаниясынын 900 айдоочусу кошулду. Натыйжада күнүнө 2 миң тонна мунай ташылбай калган. Буга жооп кылып, “Өзенмунайгаз” 53 айдоочуну иштен бошотту.

24-майда Жергиликтүү кесиптик кошуундун адвокаты Наталия Соколова “уруксатсыз митинг уюштурду” деп айыпталып, сегиз күнгө соттолгондон кийин абал өзгөргөнсүдү.

Адвокат аял 21-майда Актау облустук милициянын алдындагы демонстрация учурунда камакка алынган болчу. Соколова абактан чыгар күнү бийликтер аны “социалдык жек көрүүчүлүктү жайылтты” деп күнөөлөп, тергөө бүткөнчө абакта калтырды.

2-июнга иш таштоочулардын саны бир нече миңге жетти. Алар маяналарын көбөйтүүдөн башка да Соколованы абактан бошотууну талап кылышты. Акцияга катышканы үчүн иштен айдалган “Каржанбасмунайдын” 100дөй жумушчусу да иш таштагандарга кошулган эле.

Соколовадан башка да “Өзенмунайгаз” компаниясынын профсоюздук уюмунун лидерлеринин бири Жак Аминовго каршы да кылмыш иши козголгонун Казакстандын "Вести" гезити кабарлады.

"Каражанбасмунай" компаниясынын юристи Наталья Соколова.
5-майда жумушчулар Мангыстоо облус губернатору Кырымбек Кушербаев менен жолугушууну талап кылганда, полиция демонстрацияны күч менен таратып, 37 адамды камакка алды. Эл алдында курсагын тилип жиберген эки жумушчу ооруканага жаткырылды.

Акцияны уюштуруучулардын бири Куаншы Сейсенбаев “Азаттыкка” 13-июнда курган маегинде: “азыр мунай кенинде бардык жумуштар токтогон. Облус акими бизди уккусу жок. Биз айлык акыны көбөйтүүнү талап кылуудабыз”,-деди.

Башка бир жумушчу иш таштоо мунай өндүрүүнү азайтаарын айтат:

- “Каржанбасмунай” компаниясы күнүнө 500 миң тонна мунай өндүрөт. Өндүрүш автоматташтырылган. Бирок операторлор өндүрүштү көзөмөлдөп турууга тийиш.

Ушул эле жумушчунун сөзүнө караганда, “Каржанбасмунай” 500дөй жумушчуну бошотуп, алардын ордуна башка 500 адамды алган.

Маалымат булктарынын тили кыска болууда

Өкмөттүк маалымат булактары мангыстоолук жумушчулардын иш таштоосу жөнүндө маалыматты бербегендиктен, көпчүлүк казакстандыктар алардын экономикалык талабы жөнүндө жакшы кабардар эмес. Бирок 2012-жылкы парламенттик шайлоонун камын
ойлогон оппозиция Мангыстоодогу кырдаалга кунт коюп көз салууда.

Жанболот Мамай. Мангустоолук мунайчылардын абалына арналган маалымат жыйынында, 7-июнь, 2011
14-июнда Алматыда мунайчыларды колдоп чакан демонстрация болду. "Рух жана тил" уюмунун активисти Жанболат Мамай бийликти иш таштаган жумушчулардын талабын чечүүгө чакырды:

- Бийлик Казакстанда абал туруктуу, баары тынч деп айтууда. Эгер бийлик социалдык толкундоолорду каалабаса, Актоого барсын, жумушчулар айткан проблемаларды жөнгөрсүн. Мунайчылар кол жеткис эч нерсени талап кылып жатышкан жок.

Казакстандын түндүгүндөгү Көкчөтоо шаарында 26-майдан бери “КазРосинвестПроект” компаниясынын акционерлери толкууда.

31-майда инвесткомпаниянын жетекчиси Бакыт Адиловду абактан бошотууну талап кылган акционерлер менен полиция тирешип, үч киши жарадар болгон. Финансылык компания ким анын эсебине 100 миң теңге, же 680 доллар салса, жыл аягына төрт эсе көбөйтүп алат деп убада берген.

Бийликтин ырасташынча, инвесткомпания финансылык пирамида түзүп, аманатчыларын алдамак болгон. Аманатчылар бийликке ишенишпейт жана Адилов бошотулса, аманат акчабызды төрт эсе көбөйтүп берет деген үмүттө.

Саммит: максат аныкталып, багыт тандалды

15-июнда Астанада Шанхай кызматташуу уюмунун саммити өттү. Анда кыргыз президенти Роза Отунбаева сөз сүйлөп, бир катар жолугушууларды өткөрдү.

Астанада Шанхай кызматташуу уюмунун он жылдык мааракелик саммити өттү. Саммитке уюмга мүчө Кыргызстан, Казакстан, Орусия, Өзбекстан, Тажикстан жана Кытай президенттеринен башка, Иран, Пакистан, Ооганстан мамлекет башчылары катышты.

Кыргызстандын президенти Роза Отунбаева саммиттин алдында Астанада Казакстан президенти Нурсултан Назарбаев жана Кытайдын мамлекет башчысы Ху Цзинтао менен жолугушуп, эки тараптуу кызматташуулар боюнча сүйлөшүүлөрдү өткөрдү.

“Чайна дейли” гезитинин жазганына караганда, Ху Цзинтао кыргыз президенти менен жолугушууда Кытай бардык тармактар боюнча кызматташууларды бекемдөөгө, өз ара мамилени жаңы деңгээлге чыгарууга даярдыгын билдирген.

Казак президент Нурсултан Назарбаев менен Роза Отунбаеванын жолугушуусунда Кыргызстан экономикасына инвестиция сала турган фонд жөнүндө сөз болгон.

Белгилүү болгондой, Кыргызстандын мурдагы бийлиги учурунда 100 млн. доллар каражаты бар инвестициялык фонд түзүү демилгеси көтөрүлгөн. Бирок ал ушул кезге чейин ишке аша элек.

Отунбаеванын Астанадагы демилгелери

Астана саммитинде сөз сүйлөгөн президент Роза Отунбаева Кыргызстандагы июнь каргашасына көңүл буруп, Шанхай кызматташуу уюмунда мына ушундай чатактарга кандай реакция жасоонун жол-жобосу аныктала электигин ачыктаган.

Президент Шанхай кызматташуу уюмуна мүчө өлкөлөрдүн ортосунда такталбаган чек ара, суу маселелери турганын айтып, уюм мына ушул маселелерди чечүүнүн механизмдерин иштеп чыгууга карай багыт алса деген оюн билдирген.

Отунбаева Шанхай кызматташуу уюмунун саммитине акыркы жолу катышып жатканын, күзүндө Кыргызстанда президенттик шайлоо өтөрүн айтып, ага байкоочуларды жиберүүнү сураган.

Президенттик аппараттын стратегиялык талдоо жана байкоо бөлүмүнүн башчысы Орозбек Молдалиев ШКУ аркылуу чек ара маселелерин чечүү демилгеси орундуу экенин, бирок аны турмушка ашыруу татаалдыгын мындайча чечмеледи:

- ШКУ аркылуу механизмди иштеп чыгуу кыйын. Анткени Кытайдын тышкы саясатта беш принциби бар. Алардын бири - башка мамлекеттердин ички ишине кийлигишпөө. Мына ошого такап туруп алышат. Бир четинен ал деле туура. Кытай ички ишибизге кийлигише баштаса, ошо бойдон чыкпай калышы мүмкүн.

10 жылдык тарыхка ээ болгон уюм ушул мезгилде эмнелерге жетишти деген суроолор да жок эмес. Эксперт Кубатбек Кожоналиев Шанхай кызматташуу уюму өзүнүн жогорку деңгээлине жете элек деген пикирде:

- ШКУнун максаттары кандай болуп жатат? Регионалдык деңгээлде азыркы коркунуч, көйгөйлөргө каршы туруп, туруктуулукту камсыздоо болуп атат. Булар азыркы кезде мына ошол көйгөйлөргө канчалык каршы турууда? Менин оюмча, уюм дагы өзүнүн күчүнө жете элек го. Анткени бүгүнкү көйгөйлөр - террорчулук, экстремизм, экономикалык кризистер чаржайыт кетип жатат.

Астана саммитинин соңунда бир катар документтерге кол коюлду. Алардын ичинде Баңги заттарына каршы стратегия жана ШКУга мүчө болууга арыз берген мамлекеттердин милдеттери тууралуу меморандум болду.

Казак президенти Нурсултан Назарбаев саммитте террорчулар, жикчилдер, баңги зат ташуучулар интернетти ийгиликтүү пайдаланып жатканын, ошондуктан электрондук эгемендүүлүктү аныктоо жана киберполиция түзүүгө мезгил жеткенин билдирди. Бул демилгени эми Кытай өкмөтү аткарууга аракет жасайт болуш керек. Анткени ШКУга төрагалык кезегине ылайык Кытайга өттү.

"Дордой" финалда ЦСКА менен беттешти

15-июнда Индонезиядан Азия чемпионатынан балбандар жеңиш менен келишти. Бирок Бакудагы футболдон Каспий кубогунда кыргызстандыктар утулуууда.

15-июнда кыргызстандык жаш балбандар Индонезияда өткөн Азия чемпионатынан жеңиш менен келишти. Грек-рим күрөшүнөн жеңил салмакта Батырбек Курмангазиев Азия чемпиону болду.

Өлкөнүн жаштар командасынын улук устаты Мейрамбек Ахметов шакирттери Элдияр Бегалиев менен Руслан Цареев да Азия чемпионатында экинчи орунду ээлегенин “Азаттыкка” кабарлап, мелдеш курч мүнөздө өткөнүн билдирди.

74 кг. салмакта Самат Шырдаков, 96 кило Өмүрбек Зулпкуаров жана оор салмакта Камбар Жоробеков Жакартадагы Азия чемпионатынын коло байгесин утуп келишти.

Кыргызстандык жаш балбандар 1 алтын, 2 күмүш жана 3 коло байге утуп, 18 өлкөдөн командалык эсепте Ирандан кийинки экинчи орунду ээледи.

Эркин күрөштөн Азиянын коло байгеси

Жакарта шаарында өткөн жаштар арасында эркин күрөштөн Азия чемпионатында 55 кг. салмакта Самат Надырбек уулу үчүнчү орунду камсыз кылды.

Жолдун алыстыгына байланыштуу Кыргызстандан эркин күрөштөн үч балбан барса, алардын экөө Айбек Ташматов (50 кг) жана Максат Таалайбеков (74 кг) бешинчи болушту.

Таразда таанылган "Дордой"

Казакстандын Тараз шаарында 11-12 жаштагы өспүрүмдөр арасында футболдук мелдеши жыйынтыкталды. Бул турнирге Кыргызстандан “Дордой” жана “Абдыш-Ата” клубдарынын командалары катышты. Аларга Москванын ЦСКА”, Алматынын “Цесна”, Ташкенттин “Пахтакор”, Екатеринбургдун “Урал”, Тараздын “Тараз” командалары атаандаш болду.

Чучукулак кармоодо “Дордой” Москванын ЦСКА, Алматынын “Цесна”, Ташкенттин “Пахтакор”командаларына туш болду. Алар Алматынын “Цесна”, Ташкенттин “Пахтакор”командаларын утуп, өз тобунда экинчи орунду ээледи.

Финалга чыгуу үчүн талаа ээси “Тараз” командасы менен таймашуу курч мүнөздө өттү. Негизги жана кошумча убакытта эсеп 1:1 болуп, тең чыгуу менен аяктады. Оюндун тагдырын жекеме жеке топ тебүү чечип, Бишкектин “Дордой” өспүрүмдөр командасы финалга чыкты. Алар баш байге үчүн Москванын ЦСКА командасы менен беттешип, бирок москвалыктарга теңелүү кыйынга турду. Ошентсе да “Дордой” командасы күмүш байгенин ээси болду.

Кыргызстанга эмгек сиңирген машыктыруучу Бообек Кадыркуловдун пикиринде ЦСКА клубу менен теңтайлашуу кыргыз футболунун келечегинен үмүт жандырат.

Бакуда ийгилик жаралган жок

Учурда Баку шаарында футбол боюнча Каспий кубогуна арналган эл аралык турнир өтүүдө. Мында 8 өлкөнүн 17 жаштагы футболчулары мөрөй талашууда.

Мында кыргызстандык футболчулар утулуп, жеңилүү ызасын тартып жатышат. Алгач азербайжандыктарга, экинчи беттешүүдө түркиялык футболчуларга 3:0 эсебинде утулду.

Үчүнчү атааандашы өзбекстандык футболчуларга да туруштук бере алган жок. Оюн 7:0 эсебинде өзбекстандыктардын пайдасына аяктады. Эми 16-июнда тажикстандык футболчулар менен акыркы оюнду өткөрүшөт.

Жаштардын алтын, коло байгеси

Бокс боюнча Кыргызстандын уландар командасы Казакстанда өткөн эл аралык турнирде 2 алтын, 4 коло байгелүү болушту. Бул тууралуу “Азаттыкка” уландар командасынын улук устаты Кенжебек Акелбаев билдирди.

Биринчи орундарды Алмамбет Алибеков (48 кг) менен Урмат Жээнкулов (50 кг) жеңип алышты.

Султан Жанышов (52 кг), Адилет Батыралиев (60 кг), Эржан Тургунбеков (54 кг) жана Канатбек Төрөгелдиев (42 кг) коло байгелүү болушту. Эл аралык турнирге Кыргызстан, Монголия, Украина жана Казакстандын эки жүздөн ашуун жаш боксчулары катышты.

Мергендер Лондонду мээлейт

16-июнда Германиянын Мюнхен шаарына ок атуу боюнча дүйнө Кубогунун таймашуулары башталат. Мында Кыргызстандын намысын мерген Руслан Исмаилов коргойт.

Мергендер үчүн бул мөрөй талашуунун мааниси - арбын упай топтогондорго 2012-жылы Лондондо өтө турган жайкы олимпиадалык оюндарга жолдомолор ыйгарылат.

Алыш күрөшү Универсиадага кошулду

Кыргыз улуттук алыш күрөшү же бел кур күрөшү 2013-жылы Казань шаарында өтө турган дүйнөлүк Универсиада оюндарынын тизмесине киргизилди. Бул тууралуу “Азаттыкка” өлкөнүн студенттик спорт федерациясынын жетекчиси Шаршен Касенов билдирди.

- Алыш күрөшү 2013-жылдын дүйнөлүк Универсиада прогораммасына киргизилди. Бул спорттун түрү боюнча мелдеш дагы Европа спорттук оюндарынын алкагында (Литва-2011), Тафис дүйнөлүк фестивалында (2012), дүйнөлүк күрөш оюндарынын алкагында (Москва-2013) өтөт. Азыркы учурда алышты Азия оюндарынын программасына киргизүү боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Ошондой эле Казандагы Универсиадада самбо күрөшү да программага кирди.

Эл аралык алыш күрөш федерациясы 2002-жылы түзүлгөн. Анын курамына 40 мамлекет кирет. Ушуга чейин 4 европалык, 5 азиялык чемпионат, 8 дүйнөлүк чемпионат өткөрүлгөн.

Алматы: Павлюктун өлтүрүлүшү боюнча сот жүрүүдө

Геннадий Павлюк

Казакстандын эки атуулу Шалхар Уразалин менен Алмаз Игиликов жана Кыргызстандын жараны Алдаяр Исманкулов кылмышка шектүүлөр катары сотко тартылууда.

16-июнда Алматыда кыргызстандык журналист Геннадий Павлюктун өлтүрүлүшү боюнча соттук териштирүү уланат.

Соттук отурумга катышкан Павлюктун жубайы Елена Павлюк күйөөсү Бакиевдин бийлигинин курмандыгы болду десе, айыпталып жаткан Алдаяр Исманкулов ага "саясий негизде" айып тагылып, буга Кыргызстандагы кайсы бир күчтөр кызыкдар экендигин айтты.

Исманкулов алты берене боюнча айыпталууда

6-июнда Алматыда кылмыш иштери боюнча район аралык атайын сот Ахметгали Мулдагалиевдин төрагалыгы алдында кыргызстандык журналист Геннадий Палюктун өлүмү боюнча ишти карай баштады.

Алгачкы эле соттук отурумда прокурор Бауржан Ертаев кылмышка шектелгендердин бири Алдаяр Исманкуловго айыбын угузду:

Бауржан Ертаев
- 2009-жылы декабрда Кыргыз Республикасынын жараны, Улуттук коопсуздук кызматында иштеген Алдаяр Исманкулов тергөөдө кимдиги аныкталбаган адамдардан Геннадий Павлюкта Кыргыз Республикасынын жетекчилигине карата кандай материалдар бардыгын аныктоого, эгер андай болсо аларды күч менен тартып алууга тапшырма алган.

Исманкулов Павлюкту уурдоо аркылуу андагы кызыктырган жана башка материалдык баалуулуктарды тартып алуу планын иштеп чыккан. Андан кийин кылмыш аракеттердин изин жок кылуу үчүн аны өлтүрүү планы иштелген.

Өзүнүн кылмыштуу оюн ишке ашыруу үчүн Исманкулов Казак Республикасынын жарандары Уразалин менен Игиликовду кылмыштуу ишке тартып, сүйлөшүүгө барган.

Тергөөнүн жүрүшүндө аныкталбаган Руслан жана Кайрат аттуу адамдар менен кылмыштуу планды иштеп чыгып, ким эмне аткара тургандыгын бөлүшкөн.


Алдаяр Исманкуловга Казакстандын Кылмыш-жаза кодексинин алты беренеси боюнча айып тагылууда. Ал өткөн жылдын 26-сентябарында Алматыда кармалган.

Буга чейинки маалыматтарда казак тергөөчүлөрү журналист Павлюктун өлтүрүлүшүндө "саясий негиз" жоктугун билдиргени айтылган.

Исманкулов: Байболовдун көрсөтмөсү боюнча камашты

35 жаштагы Алдаяр Исманкулов кылмыш иши толугу менен бурмаланганын жана ага тагылган айыптар саясий негизде экендигин, буга Кыргызстандагы айрым саясий күчтөр кызыкдар болгонун соттук отурумда билдирди.

Алдаяр Исманкулов
Геннадий Павлюк өлгөндөн кийин массалык маалымат каражаттарында ага карата чабуул башталганын, 2010-жылдын октябр айына чейин тергөө тарабынан ага эч кандай күнөө тагылбагандыгын айтты.

Ошондой эле ал Алматыга келип өз иликтөөсүн баштаганда камакка алынганын билдирди:

- Адегенде мени 30 күнгө жабышты. Милициянын кызматкерлери мен үчүн түшүндүрмө катты "мен Алматыга гастарбайтер болуп келгем, көчөдө тентип жүрөм" деп жазып, өткөрүп коюшкан.

30 күн өткөндөн кийин соттук отурум болтурбай туруп, 330-берене "чек араны мыйзамсыз өткөн" деген кине менен иш козгошту. Бул кылмыш оор кылмыштардын катарына кирбегендиктен, прокуратура эч жакка кетпөө тууралуу тил кат алып мени камактан коё берди.

Бирок андан 2 саат өткөндөн кийин кайра кармашты. Кыргызстандын башкы прокурору Байболовдун көрсөтмөсү менен кайра камашты.


Сот өтүп жаткан имарат
Мага карата атайын куугунтуктоо, басым болууда. Эч ким кагаз жүзүндө чындыгында эмне болгон, эмне үчүн - уккусу да келбейт. Бир гана тапшырма – бул кылмышка мени күнөөлөп, отургузуу болгон.

Алдаяр Исманкулов соттун жүрүшүндө Кыргызстанда Павлюк деген журналист тууралуу ал өлтүрүлгөнгө чейин билбегендигин, анын жазганын окубагандыгын, ал тургай мындай "сабатсыздыгы" үчүн уялгандыгын кошумчалады.

Исманкуловдун сөзүнө караганда, Павлюк өлтүрүлгөн маалда ал Алматыга үй бүлөсүнө кезигүүгө барган. Үй-бүлөсү менен ажырашкандан кийин аялы менен кыздары Алматыда жашаарын айтат.

Сотто Максим Бакиевдин ысмы аталды

8-июнда өткөн соттук отурумда жабырлануучулар суракка алынды.
Жабырлануучу тарап катары Павлюктун уулу Ярослав менен мурдагы жубайы Елена Павлюктар отурумга катышууда.

Елена Павлюк күйөөсүнүн өлүмүнө мурдагы бийлик күнөөлүү экенин 2009-жылдын август айында Геннадий ага эмне дегенин айтып берди:

Алмаз Игиликов
- Ошондо мен массалык маалымат каражаттарын көзөмөлдөгөн секретариат түзүлгөнүн, ага болсо өлкөнүн жетекчилигине жакын адамдар киргенин билдим. Алардын "кара" дейби, же "кызылбы", айтор тизмесине аны киргизишиптир.

Геннадийге достору "Максим Бакиев «мен ошол Павлюк дегенди көрбөйүн да, укпайын да» дептир" деген сөздү айтыптыр.


Ал соңку кезде Геннадий маанайы пас, бир нерседен кабатырланып жүргөнүн эстеп, "14-декабрда болуш керек, ал мага келди. Азыр ойлосом коштошкону келиптир... Ал менин иш бөлмөмө киргенде аны тааныбай калдым. Менин көзүмө ал карый түшкөндөй, айласы түгөнгөндөй, жагдайга моюн сунгандай көрүндү".

Елена Павлюк кылмышты иликтөө материалдары менен таанышып чыкканын, мейманканадагы видео тасмадан айыпталуучу Алмаз Игиликовду тааныганын айтты. Ошондой эле соттон кылмыш жасагандарды мыйзамдын толук күчүндө жазалоону өтүндү.

Соттук отурум ачык жүрүп, ага журналисттер катышууда. Маркум Павлюктун үй-бүлөсү гана өз коопсуздугунан чочуп, сүрөт, видеого түшүүдөн баш тартты.

Кийинки сот отурумдары 16, 20, 21-июн күндөрү өтүп, анда негизинен күбөлөр суракка алынат. Ал эми 23-июндагы кеңири отурумда кыргызстандык күбөлөрдүн көрсөтмө берүүсү күтүлөт.

Оппозициялык маанайдагы журналист Геннадий Павлюк 2009-жылы 16-декабрда Алматы шаарындагы көп кабаттуу үйлөрдүн биринен колу-буту таңылып ыргытылган. Андан кийин 6 күн ооруканада эсине келбей жатып көз жумган.

Кыргызстандын жарандык коому, эл аралык коомчулук көз карандысыз журналисттин киши колдуу өлүмүн "саясий буйрутма" катары баалап, ал кездеги кыргыз бийлигин ачык күнөөлөшкөн.

Исманкулов Алдаяр Валерьевич, 1976-жылы Фрунзе шаарында туулган. Жогорку билимдүү юрист. Жумушсуз. Үй-бүлөлүү, 3 баласы бар. Мурда соттолгон эмес.

Уразалин Шалхар Сапарович, 1972-жылы Казакстандын Семипалатинск облусунда туулган. Жогорку билимдүү экономист. Үй-бүлөлүү, 2 баланын атасы. 29-сентябрда камаккка алынган. 1996-жылы 3 жыл эркинен ажыратылган.

Игиликов Алмаз Муратович, 1971-жылы Семей шаарында туулган. Үй-бүлөлүү, 3 баласы бар. Мурда соттолгон эмес. Атайын орто билимдүү. Жумушсуз. 2011-жылдын 3-февралында камакка алынган.

Кыргызстан кимге жанашат, кимден качат?

Кыргызстандын тышкы саясаты кандай жана кайсы багытта болуш керек? Айрымдар көп вектордуу тышкы саясатты туура деп бааласа, башкалар бир жактуу болуш керек деген пикирде. “Азаттыктын” “Арай көз чарай” талкуусу мына ушул темага арналды.

Талкуунун катышчуулары:

Дипломат жана саясатчы Ишенбай Абдуразаков, мурдагы тышкы иштер министри Аликбек Жекшенкулов жана Жогорку Кеңештин депутаты Равшан Жээнбеков.

“Азаттык”: Чындыгында Кыргызстанга кандай тышкы саясат керек? Өткөөл мезгилдеги президент Роза Отунбаева көп вектордуу тышкы саясат кала бериши керектигин 13-июнда билдирди. Бул туура саясатпы, Ишенбай мырза?

Ишенбай Абдуразаков: Буга жооп берүүнүн алдында тышкы саясат деген эмне экенин тактап кетсек. Тышкы саясат деген өлкөнүн ичиндеги маселелерди, ички саясатты, элге керектүү экономика болобу, башкасыбы, мүмкүн болушунча эл ыраазы болгондой саясатты тышкы рычагдар менен бекемдөө.

Тышкы саясат – адегенде өлкөнүн эгемендүүлүгүн сактоо. Экинчиден, өлкөнүн ичиндеги биздин экономикалык маселелерди кандай чечебиз – ошону тактоо. Эң негизги түпкү максаты – бакубат турмушту орнотуу үчүн аракет кылыш керек.
Кандай гана болбосун азыркы заманда биз бир жактуу болуп, бирөөнүн көзүн карап, бирөөнүн этегин кармап калбашыбыз керек.

Кыргыз эли үчүн кайсы нерсе үзүрлүү натыйжа алып келе турган болсо, ошону ишке ашырыш керек. Биз бир эле өлкөнүн көзүн карап, этегин кармап калбашыбыз керек. Эгемендүүлүктүн эң негизги маселеси – биз өзүбүзгө өзүбүз ээ болушубуз керек.

“Азаттык”: Аликбек мырза, сиз кезинде көп вектордуу саясаттын концепциясын түзгөн элеңиз. Азыр андан баш тартып, бир жактуу болууну айтып жатасыз. Көп вектордуу саясаттын кемчилиги эмнеде экен? Сиздин оюңуз эмнеден улам өзгөрдү?

Аликбек Жекшенкулов: Убагында 15 жыл дипломатияда иштеп жүрдүм. Көп вектордуу дипломатия деп багыттарды аныктаганбыз. Тилекке каршы эгемендүү болгондон 20 жылдан бери көп тараптуу дипломатияга кабылып, аягы эмне болду?

Мисалы, Бакиев кетээрдин алдында Москвага барып бир сөздү айтат, Американын элчисине башканы айтат, Максим Кытайга барат, бир эле маселе боюнча 4-5 пикир пайда болуп кетти.

Ишенбай Абдуразаков
Бүгүнкү күндө кээ бир мамлекеттер 20 жылдан бери 1 млрд. ашык жардам берди деп айтып атпайбы. Мен бир тараптуу Орусия менен Казакстанга багыт алыш керек дейм. Муну биздин элибиз тандады. Бүгүн миллионго жакын кыргыздар чыгып кетти, Орусиядан 2 млрд. доллар келип турат.

Түштүктө Орусияда, же Казакстанда иштеген жарандар ата-энесин, бир туугандарын багып атат. Түштүк тарап Орусия менен Казакстандын жардамы менен көтөрүлүп кетти.

Былтыр 2010-жылдын башында Орусия 300 млн. кредит, 150 млн. грант бербеди беле. Ал кайда кеткенин Бакиевдер гана билет. 2-3 айдын ичинде ошол маселе чечилди. Кытайды албай эле койолу, башка мамлекеттер канча инвестиция алып келишти.

Биз улуттук кызыкчылыкты көздөшүбүз керек. Бардык мамлекеттер менен мамиле түзүшүбүз керек. Бирок стратегиялык, саясий, экономикалык маселелер боюнча эки мамлекетке багыт алсак бүгүнкү күндө кайсы бир мөөнөткө биздин мамлекеттин, элибиздин кызыкчылыгына туура келет деген ойдомун.

Чабал дипломатия

“Азаттык”: Ушундай эки мамлекетке артыкчылык берген, бир жакты көздөгөн саясаттын кемчилиги эмнеде деп ойлойсуз? Мисалы АКШ, Батыш, Жапония менен мамилебиз солгундаса, көп нерседен артта калбайбызбы?

Аликбек Жекшенкулов: Мен башка мамлекеттер менен мамилени солгундатыш керек деген маселени койгон жокмун. Баары менен алака түзүш керек. Бирок басымдуулук кылып Орусия менен Казакстанды көрсөтүп атам.

Равшан Жээнбеков: Бул жерде отурган үч адам тең Орусиянын дипломатиялык академиясына тиешебиз бар. Бизди мындай деп окуткан: тышкы саясат бул биздин ичибиздеги социалдык, экономикалык, саясий маселелерди чечүүгө жардам бере турган ички саясатыбыздын уландысы.

Равшан Жээнбеков
Эгерде биз бүгүнкү күндө ички саясатыбыздагы проблемаларды карай турган болсок, ошол проблемалардын бардыгын 1-2 эле мамлекет жардам бере ала турган болсо, анда биз стратегиялык партнер деп эки гана мамлекетке басым жасап, алар менен мамиле кылсак болот.

Эгерде биздин ички проблемаларыбыз көп мамлекеттердин эл аралык гуманитардык, финансылык жардамын талап кыла турган болсо, анда бардыгы менен мамиле түзүшкө туура келет. Бүгүнкү күндө биздин бир, же эки мамлекетке жасаган басымыбыз келечекте бизди кризиске, же кандайдыр бир кыйынчылыкка сөзсүз түрдө алып келет.

“Азаттык”: Дүйнөлүк саясатта кайсы бир мамлекетке тышкы саясат жүргүзүүдө артыкчылык берүү көнүмүш эле көрүнүш. Мисалы, АКШ Британия менен өтө ынак. Эмне кылбасын кол кармашып жүрөт. Израил менен АКШнын саясаты да ушундай. Мүмкүн Кыргызстан тышкы саясатта артыкчылык берген тарабын тандап алып, ошого жараша иш жүргүзсө бир майнап чыгаар беле?

Аликбек Жекшенкулов: АКШ туура эмес кадамдарды жасаса да туурабы, туура эмеспи – Англия ар дайым колдойт. Биздин саясатчылардын көпчүлүгү көп тараптуу дипломатия дегенди түшүнбөйт. Биздин президенттер көп тараптуу дегенде баарына эле сыйына беришкен, баарына эле макул боло беришкен.

Таразага салып көрсөңөр, бүгүнкү күндө биздин элибизге Орусия менен Казакстан канча пайда алып келет, башка мамлекеттерге бир тараза. Англия АКШ менен стратегиялык өнөктөш болуп, башка мамлекеттер менен да тыгыз байланышта иштейт. Биз ары-бери секирип атып, ушул даражага жеттик. Акыры эл аралык аброюбуз түштү, жоопкерчилик мамиле жасай албай бизге эч ким ишенбей калды.

“Азаттык”: Кыргызстан сымал мүмкүнчүлүгү чектелүү мамлекет көп вектордуу саясат жүргүзүүгө жөндөмдүүбү, Ишенбай мырза?

Ишенбай Абдуразаков: Аликбектин айтканы да чын. Мурдагы президенттердин убагында тигиге барып бирди айтып, буга барып бирди айткандын өзү өлкөнүн жетекчилеринин аброюн түшүрө турган нерсе. Дипломатияда ишеним, принцип деген болуш керек.
Бир президент келип ушул базаны жактырып, же жактырбайт деген туура эмес. Бул маселени кыргыз эли референдум аркылуу чечиши керек.

Кандай болгондо да чындыкты айтыш керек. Мисалы, АКШга, же Кытайга баратканда өзүбүздүн кызыкчылыгыбызды колдой турган маселелер болсо аны орустарга да айтыш керек, “биз ушундай себеп менен баратабыз, биздин экономиканы көтөрүш үчүн бул өбөлгө болгону турат” десек, алар да түшүнөт.

Өлкөнүн жетекчиси ойлонбой туруп иш жасаса бул аброй алып келбей турган нерсе. Ал мамлекеттин башында тургандан кийин анын көлөкөсү өлкөгө да тиет.

Экинчиден, биздин эң жакын кошуналар менен тарыхый жактан, көп жагынан чиркелишип, чырмалышып калганбыз. Алардан бизге керектүү нерселердин баарын колдонушубуз керек. Алар деле каршы болбойт. Бирок биздин кызыкчылыгыбыз ошону менен эле чектелбейт да, саясий, маданий, биздин алдыбызда турган көп көйгөйлөр, маселелер туруп атат.

Ошон үчүн тышкы саясатта чындыкты айтып, принцип менен иштесек өнөктөш өлкөлөрүбүз түшүнөт. Орусия, Казакстан дүйнөдөгү ар бир мамлекет менен бирдей мамиле кылалы деп атышат. Эгерде принциби ошондой болсо, анда алар башкаларга да жолтоо болбош керек.

Колдоо күткөн калк

“Азаттык”: Кыргызстан азыркы абалында сырттан жардамга өтө муктаж, бюджеттин тартыштыгы 21 млрд. сом. Аны ошол эле Батыштын жардамы менен жабууну өкмөт көздөп турат. Ички саясаттын уландысы тышкы саясат дегенде биз Батышка да, Орусияга да көз каранды болуп атабыз. Орусия менен Казакстан биздин ушул муктаждыктарды жаба алабы?

Аликбек Жекшенкулов: Бүгүнкү күндө бийлик менен элдин айырмасы чоң, эл өзүнчө жашап атат. Бизге түшкөн акчаны карап көрсөңөр, элдин турмушу азыр канчалык сындасак деле астыга жылып атат. Ал акча Орусия менен Казакстандан түшүп атат. АКШдан да түшүшү мүмкүн. Ал жерде 4 жарым миң биздин жарандар бар, бул жакта болсо 1 миллионго жакын, Казакстанда болсо 200-300 миң биздин жарандар бар. Менин билишимче андан да көп.

Эсептеп көрсөк 2,5-3 млрд. доллар бюджетке эмес, элибизди колдогонго алабыз. Орусия менен Казакстанга таянсак да, башка мамлекеттер менен алаканы үзбөш керек. Бүгүнкү күндө реалдуу инвестиция кайдан келет? Орусия, Казакстан, Кытайдан келет. Башка мамлекеттерде өтө аз.

“Азаттык”: Орусия менен Казакстан негизги стратегиялык өнөктөш дегенде, буларды орусча айтканда “раздражающий фактор” деп койгон Транзиттик борбор менен аскердик багыттагы айрым долбоорлор көбүнчө ушундай фактор болуп атат. Ушул факторлорду Орусия өзү жаба алабы? Америкадан көп вектордуу дегенде, бул багытта бир жактуу саясат эң негизги өнөктөштөр менен керектир? Ушул жагынан ойлонуштуруп көрсөк, кандай болуш керек?
Бакиев кетээрдин алдында Москвага барып бир сөздү айтат, Американын элчисине башканы айтат, Максим Кытайга барат, бир эле маселе боюнча 4-5 пикир пайда болуп кетти.

Равшан Жээнбеков: Биздин саясатта өзгөчө Батышты, же Орусия, Казакстанды туу туткан саясатчылар дайыма Орусия менен АКШнын, же АКШ менен Кытайдын, Орусия менен Кытайдын ортосунда АКШнын, Еропанын, НАТОнун базасын конфликт катары карап көнүп калган. Бүгүнкү күндө бул база алардын ортосунда эч кандай жаңжалда эмес. Бул маселе эбак чечилген.

АКШ менен Орусия бизге караганда өздөрүнчө отуруп чечип алышат. Биз кыпчылбашыбыз керек. Анткени алар бизди өтө кичинекей, дүйнөлүк саясий аренада орду жок мамлекет катарында карап, биз менен эсептешпейт. Бүгүнкү күндө Ооганстанга кетип аткан көп нерселер транзит аркылуу Орусиядан өтүп атат. Аны Орусия, Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан колдоп атат. Биз аны проблема катарында карабашыбыз керек.

Биз, тескерисинче, бүгүн Орусия, Европа, АКШынын ортосунда болуп аткан нерселердин жакшысын алып, үйрөнүп, пайдаланышыбыз керек. Бирок ошону менен бирге эле башка мамлекеттер менен жакшы мамиле түзгөнгө мүмкүнчүлүгүбүз бар.

Мамлекет кызыкчылыгын ким ойлойт?

“Азаттык”: Ишенбай мырза, АКШ менен Орусиянын ортосунда бул база эч кандай карама-каршылык жаратпайт деген ойго кошула аласызбы?

Ишенбай Абдуразаков: Транзиттик борбор башынан макулдашылган нерсе болчу. Нью-Йорктогу окуядан кийин, “ал-Кайида” Ооганстанга келгенде, ушуну кантип жоготобуз деген чоң маселе турганда Орусия, Кытай өзү колдогон. Кийин эле кызганыч чыгып, ортодон маселелер чыгып атат.

Ооганстан тынч болуп кетсе, бул биздин коопсуздукка да чоң таасир берет. Эртең эле АКШ Ооганстандан кетип калса, анан талибдер, радикалдык ислам күчтөрү келсе, бизге коркунуч туулат.

Аликбек Жекшенкулов
Экинчи жагын айтсам, биз ким кандай жардам берет деп эле көнүп калдык, биз сурамчы болуп баратабыз. Азыр биз өзүбүздүн ички мүмкүнчүлүктү жакшы колдонсок, анда биз бутубузга туруп кетебиз. Коррупция деген жоголуш керек. Мамлекеттик башкарууда компетенттүүлүк деген жок болуп атат.

Эч нерсени билбеген кишилер келип теңирден тескери башкарып атат. Инвестициялык климатты мыйзамдуу түрдө жакшылап жасап, ошолор иштеп кете турган болсо, бизге ар кандай өлкөдөн инвестиция келиши мүмкүн. Азыр ошолор коркуп келбей атат. Оболу биз ички акыбалыбызды жакшыртышыбыз керек.

“Азаттык”: База боюнча сиздер референдум аркылуу чыгарыш керек деген маселени козгодуңар эле, Аликбек мырза?

Аликбек Жекшенкулов: Орусия менен АКШнын ортосунда эч карама-каршылык жок дегенге кошула албайм. Башында жок болчу. Кийин “Манас” аэропортуна учак разведчиктер “Авакс” келет, бүт Борбор Азияны, Кытайды, Сибирди карайт дегенден кийин карама-каршылык башталды.
Бүгүн Орусия, Европа, АКШынын ортосунда болуп аткан нерселердин жакшысын алып, үйрөнүп, пайдаланышыбыз керек. Бирок ошону менен бирге эле башка мамлекеттер менен жакшы мамиле түзгөнгө мүмкүнчүлүгүбүз бар.

Азыр Борбор Азиядагы абал, Кытайда, Монголияда, Тибетте кагылышуу, чоң геосаясий оюндар башталды. Ошого биз кыпчылып калышыбыз мүмкүн деген себеп менен биз ошондой демилге чыгардык. Эл чечсин деп атабыз, президенттик шайлоо күнү дагы бир бюллетен кошуп, “Ганси” базасы калсын, же кетсин деп добуш берсин деп атабыз. Бир президент келип ушул базаны жактырып, же жактырбайт деген туура эмес. Бул маселени кыргыз эли референдум аркылуу чечиши керек.

Равшан Жээнбеков: Бизде бүгүнкү күндө тышкы саясатыбыз мамлекеттик башкаруунун эффективсиздигинен өзүбүздү кордогон, уят кылган абалга келдик. Биз эффективдүү башкарууну, эффективдүү өкмөттү киргизе турган болсок, ички ресурстарыбызды активизация жасай турган болсок, анда бир топ эгемендүү, күнкорсуз мамлекетке айланат элек.

Тилекке каршы экономикалык өсүүнүн жоктугунан, энерго ресурстарды өндүрүп башкара албагандан кийин башка мамлекеттерге жалдырап барууга туура келүүдө. Биз башкарууну жакшыртышыбыз керек. Мамлекеттин башына патриот, түшүнүктүү, профессионалдуу, билимдүү, дүйнөлүк көз караштагы адам келиши керек. Биз ошондо өзүбүздү оңдогонго алып келебиз. Мен биздин ички ресурстарыбызды, эффективдүүлүктү жогорулатууга өкмөттү жана мамлекетибизди чакырат элем.

Ишенбай Абдуразаков: Биздин кыргыз элибиздин кызыкчылыгына туура келген саясатты жүргүзүшүбүз керек. Экинчиси, кандай гана болбосун азыркы заманда биз бир жактуу болуп, бирөөнүн көзүн карап, бирөөнүн этегин кармап калбашыбыз керек. Үчүнчүдөн, бирөөгө көз каранды болбошубуз үчүн адегенде ичибиздеги акыбалды ойлошубуз керек. Бирөөнүн оюнуна кирип кетип ошонун курмандыгы болбошубуз керек.

“Азаттык”: Рахмат.

ШКУ он жашта

14-15-июнда Астанада ШКУнун саммити болот. Анда бир катар документтерге кол коюлуп, уюмдун келечектеги стратегиясы аныкталаары айтылууда.

Кыргызстан Шанхай кызматташуу уюмун негиздөөчү өлкөлөрдүн катарында турат. Ошого жараша он жашка толгон уюмдун саммитине катышуу үчүн президент Роза Отунбаева 14-июнда Казакстан борборуна жөнөп кетти.

Азыркы мезгилде ШКУнун баш катчысы милдетин Кыргызстандын

өкүлү Муратбек Иманалиев аткарып жатат. Иманалиевдин Астанада маалымат жыйынында билдирүүсүнө караганда, юбилейлик саммитте өкмөттөр аралык бир катар келишимдерге кол коюлушу күтүлүүдө. Ал саламаттык сактоо тармагында кызматташуу, Астана декларациясы, Баңги заттарына каршы күрөштүн стратегиясы жана ШКУга жаңы мүчөлөрдү кабыл алуунун шарттары жана жаңы мүчөлөрдүн милдеттери жөнүндө меморандум.

Белгилүү болгондой ШКУнун алты мүчөсү бар. Алар Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, Орусия, Тажикстан жана Кытай. Иран, Пакистан Индия жана Монголия ШКУга байкоочу макамына ээ.

2001-жылы түзүлгөн Шанхай кызматташуу уюмунун башкы максаты чек араларда өз ара ишенимдүүлүктү камсыздоо болгон. Андан кийин жикчилдик, террорчулук, экстремизм жана баңги заттарын ташууга каршы күрөш да уюмдун күн тартибиндеги негизги маселелерге айланган. Уюм акыркы мезгилдерде экономикалык, транспорт, коммуникация багытында кызматташууга басым жасап жатат. Бирок андан жакшы майнап чыкпай жатканын саммиттин кожоюну, казак президенти Нурсултан Назарбаев жакында эле билдирип чыкты.

Кыргызстан 2007-жылы август айында ШКУнун саммитин Бишкекте өткөргөн.

Кыргызстандык айрым эксперттер Шанхай кызматташуу уюмунун ишинде натыйжа аз экендигин моюндап, бирок бул уюм керек деген пикирде болууда. Маселен, Коопсуздук кеңештин мурунку катчысы Мирослав Ниязов:

- Шанхай кызматташуу уюмунун аты эле чыгып жатат. Бирок негизи иштери көрүнбөй жатат. Ошол эле Кыргызстанга да, уюмга мүчө башка өлкөлөргө кандайдыр бир салымы байкалбайт. Бирок натыйжасы чыкпаган күндө да бул уюм күч катары, тең салмактуулукту сактоочу катары керек болуп жатат. Келечекте бул уюмдун жакшы жактары чыгышы мүмкүн деген ойдомун.

Эксперт Токтогул Какчакеев Шанхай кызматташуу уюмунун түзүлүш максаты тууралуу мындай ой бөлүштү:

- Шанхай кызматташуу уюму Орусия менен Кытайдын ортосунда тирешүүлөргө жол бербеш үчүн жаралган. Ошондуктан Орусиянын геостратегиялык кызыкчылыктары таркаган Орто Азия дагы бул уюмга тартылган. Мунун натыйжасында Орусия менен Кытайдын ортосунда кагылышуулар болгон жок. Бирок Кытай өзүнүн экономикалык саясатын Орто Азия мамлекеттерине өтө батыл жүргүзүп жатат. Мына мисалга, Түркмөнстандан, Казакстандан газ, мунай түтүктөрү, ошол эле Орусиянын өзүнөн газ, мунай түтүктөрү курулуп, иштегенге даяр болуп жатат. Ошондуктан биз айта алабыз, негизги максаты боюнча Кытай менен Орусиянын ортосундагы жана Орто Азиянын айланасындагы маселелер Кытайдын жана Орусиянын кызыкчылыгына жараша чечилди десек жаңылбайбыз.

Шанхай кызматташуу уюмунун саммитинин негизги бөлүгү 15-июнда өтөт. 14-июнга карай Астанага президенттер агылып келе баштады. Казакстан маалымат каражаттарынын кабарлоосуна караганда, 14-июнда Астанага Кыргызстан, Тажикстан, Кытай президенттери, ошондой эле Иран, Пакистан, Ооганстан президенттери келишти.

Ушул эле күнү кечинде Өзбекстан жана Орусия президенттери Казакстан борборуна келиши күтүлүүдө. Белгилүү болгондой, Астана саммитинин алдында орус президенти Дмитрий Медведев Ташкенге жумуш сапары менен келген.

Юбилейлик саммитте он жылдык кызматташуунун жыйынтыктары айтылып, келечек стратегия жөнүндө сөз болору айтылууда.

Июнь коогасынын сабактары

Оштогу кара түтүн каптаган күндөр, 2010-жылдын 12-июну.

Бир жыл толгон былтыркы улут аралык жаңжалдын кайталанбашы Кыргызстандын бийлиги, ириде түштүктө ирегелеш жашаган эки эл ал трагедиялык окуядан туура жыйынтык чыгарар-чыгарбашына көз каранды. Акыркы жыйырма жылда эки ирет кайталанган калабанын Кыргызстан үчүн башкы сабактары кайсылар?

Былтыркы жаңжал боюнча баяндамалары жарыяланган улуттук, парламенттик жана эл аралык комиссиялардын тыянактары бири-биринен айрымаланганы менен алар бир маселеде мунаса табышты. Ал - Кыргызстандын түштүгүндө акыркы жыйырма жылда улут аралык кагылыштын эки ирет кайталанышынын бир эмес, бир нече себептери, атүгүл тарыхый тамыры да бардыгы.

1990 жана 2010-жылкы жаңжалдардын тутанып кетишине түрткү берген окуялар, конкреттүү каармандары эки башка, бирок алардын тарыхый тамыры жана түпкү себептери, айрым фактылары окшош. Эки жаңжал тең Кыргызстанда борбордук бийлик алсырап, саясий элита ич ара бийлик талашып турган учурда болду. Улуттук комиссия жаңжалдын түпкү себептеринин бири катары туура улуттук саясат жүргүзүлбөгөнү, саясат жүрсө да ал декларация форматында гана болуп, практикалык иш чаралар менен коштолбогондугун атаган. Мамлекет иш жүзүндө этникалык саясаттан четтеп кеткенин жана өткөн жылдары этносаясий интеграциянын эффективдүү моделдерин же үлгүрлөрүн сунуш кыла албагандыгын баяндамасы кыргыз коомчулугунда карама-каршылык менен кабыл алынган эл аралык комиссия да белгиледи.

Саясаттын ролун туура түшүнүү жана улут аралык мамиле менен ойнобоо

Өткөн жылдардын тажрыйбасы көргөзгөндөй, Жогорку Кеңешке өзбек жамаатынан шайланган, айрымдары буга расмий Бишкектин колдоосу балким соодалашуу менен жетишкен, депутаттары коомдук аң сезимде бул улуттук азчылыктын саясий жана башка кызыкчылыктарынын негизги коргоочусу катары каралып келди. Ошол эле учурда Бишкектеги борбордук бийликтин, асыресесе мурдагы эки президенттин дарегине алар өзбек жамаатынын азыр “жикчил катары” күнөөлөнүп жаткан мурдагы депутат лидерлерин саясий кызыкчылыкта, анын ичинде шайлоо өнөктүктөрү учурунда жамааттын добуштарын алуу үчүн пайдаланган деген да айыптоолор жок эмес.
Оштогу коогалуу күндөр, 2010-жылдын 11-июну.


Кыргызстандын Улуттук илимдер академиясынын Социалдык изилдөөлөр борборунун директору, 1990-жылкы Ош окуяларын иликтеген жана улут аралык мамилелер боюнча адис Нурбек Өмүралиев былтыркы окуялардан Кыргызстан саясатта чыгаруу керек болгон сабак катары төмөнкү учурду белгилейт:

- Башкы сабак катары мен биз баарыбыз саясаттын коомдогу жана ар бир элдин турмушундагы ролу жөнүндө ойлонуубуз керектигин атайт элем. Маселе эмнеде? Кыргыз этносунун турмушу саясатка жык толгондуктан, кыргыздар ар кандай экендигине баары көнүп бүткөн. Бири социал-демократ, экинчиси - "арнамысчы", үчүнчүсү - "атамекенчи". Бирок тилекке каршы Кыргызстандагы башка этностор арасында да түрдүү көз-караштар бар деген ойго эч ким көнгөн эмес. Андыктан тигил же бул этнос саясий күрөштүн жолуна түшкөндө биздин коомдук аң сезимде ал бирдиктүү монолит катары кабыл алынат. Мындан улам тигил же бул этнос саясий көз караштарын жактабастан, топтолуп алып өзүнүн этникалык жана улуттук кызыкчылыктарын көздөп кетет деген кооптонуу бар.

Жогорудагы ой-пикирден улам өзүң өкүлү болгон улуттун кызыкчылыгын коргоонун эмнеси жаман деген суроо жаралбай койбойт. Бирок укук коргоочу Азиза Абдырасулова Кыргызстанда калктын уюткусун түзгөн кыргыздар же азчылыкты түзгөн өзбектер болобу, алардын арасынан чыккан саясий лидерлердин улут маселеси менен ойнообосу былтыркы окуядан алуучу башкы сабак экендигин белгилейт:

- Ош окуясы өтө чоң трагедия болгондуктан, андан бир нече сабактарды алышыбыз керек. Анын эң башкысы саясий сабак. Саясатчылар, мамлекеттик жооптуу кызматта тургандар эч убакта улут аралык мамиле менен ойнобошу керек. Мен буга мисал катары 14-15-майда Жалал-Абадда болгон окуяны айтып кетким келет. Ошондо облустук акимчиликтин имаратын бошотууга (бакиевчилерден) Кадыржан Батыров баштаган өзбек улутундагылардын “Родина” партиясын жана өзбек улутундагыларды катыштуруунун канчалык кажети бар эле?


Саясий плюрализмди башка этностор арасына жайылтуу

Кыргызстан азыркы жаңы саясий системанын шарттарында жашап жатат. Көпчүлүктөн болобу, улуттук азчылыктан болобу саясий майданга чыгууну каалагандарга алдыда ошол жаңы системанын эрежелерин карманууга туура келет. Башкача айтканда бир улутка негизденген саясий партия курууга болбойт, парламентке киргиси келген саясий партиянын талапкерлери арасында азчылыктын өкүлдөрү болушу абзел.

Улуттук илимдер академиянын Социалдык изилдөөлөр борборунун директору Нурбек Өмүралиев “Азаттык” радиосунун кабарчысы менен маегинде кошумчалагандай, былтыркы окуянын дагы бир сабагы саясатка келгенде, плюрализмдин маселен өзбек жамааты арасына сиңишине да шарт түзүү. Бул өз кезегинде саясий сереге ал чөйрөдөн конструктивдүү лидерлердин чыгышын шарттайт:

- Түрдүү этностордун турмушуна сиңүүчү саясий плюрализм биздин сактоочубуз болот. Ошондо баары кыргыздар эле ар кандай эместигин, жакшы-жаман адамдар кыргыздардын арасында эле эмес, өзбек, орус этносу арасында да бардыгын түшүнө баштайт. Качан биз өзбек жамаатынын өкүлдөрү да өз ичинде бири-бирин сындоосуна жетишкенибизде, биз да алардын арасында жакшы да , жаман да адамдар бардыгын биле баштайбыз. Ал эми азыр кырдаал мындай болуп жатбайбы? Кыргыздар өз этносу ичиндеги саясий элитанын дурус-буруш жактарын анализдөөдө. Өзбектер менен орустар болсо анализдей албай жатышат. Андыктан саясий жараян тигил же бул этникалык лидер ким экендигин өздөрү аңдап-биле алгыдай багытта кетүүсү керек. Муну ички саясий дискуссия аркылуу гана көргөзүү мүмкүн. Андыктан орус же өзбек этносунун өкүлдөрү бири-бирин сындаганда, алар жакшы же жаман адам экендиги билине баштайт. Ошондо аларга адамдар кандайдыр бир бирдиктүү этнос эмес, инсан катары мамиле жасоого өтүшөт.


Борбор Азияда ар ким өз арбайын согуп калганы

Борбор Азиянын бардык өлкөлөрү көп улуттуу жана көпчүлүк менен азчылыктардын ортосунда бири - экинчисине нааразы болгон жагдайлар жок эмес. Борбор Азиянын чен-өлчөмүнөн алганда, талдоочулар аймактык интеграция чөлкөмдү көп көйгөйлөрдөн, анын ичинде улут аралык мамиледеги чыңалуудан сактоочу фактор деп эсептешет.

Казакстандык окумуштуу, илим доктору, постсоветтик өлкөлөрдөгү улут аралык мамилелер боюнча эксперт Гүльнар Мендыкулова “Азаттыкка” буларды айтты:

- Эгер бир нече жыл мурда Борбор Азия союзун түзүшкөндө, менимче, биз июндагы былтыркы көйгөйлөргө балким кабылмак эмеспиз. Албетте улут аралык жаңжал аймактын дезинтеграциясына жардам берет. Кимдир бирөөгө биз өзүбүздүн аймакта бири-бирибизден ажырап турганыбыз пайдалуу. Мен муну чоң саясий ката деп эсептеймин. Биз интеграциялык жараяндарды тезинен калыбына келтирүүбүз абзел. Акыр аягында тарыхый, маданий тамырыбыз бир экендигин эстешибиз керек. Бул баарыбыз үчүн сабак. Анткени июнь окуялары тарыхый тамыры бар чоң проблеманы ачыкка чыгарды. Ондогон жылдардан бери келе жаткан бул проблемалар тилекке каршы бүгүнкү кырдаалга, аймактык жана эл аралык коопсуздукка да таасир берүүдө.

Кыргызстандагы былтыркы трагедиядан Борбор Азия өлкөлөрү алуучу сабак аймактык интеграцияны алга жылдыруу экендигин өзбекстандык саяат тануучу Фархат Толибов да айтат:

- Бул Борбор Азияда аймактык биригүү, аймактык интеграция жараяны жайлап калгандыгы. Интеграция жайлап, атүгүл токтоп калгандыктан Борбор Азиянын ар бир республикасы иш жүзүндө өзүнүн мамлекеттүүлүгүн, мамлекеттик институттарын куруу менен алек. Аймактык долбоорлор, аймактык биригүү, аймактык интеграция жок. Менимче, бул дагы баарыбыз үчүн сабак жана көйгөй.

Фархад Толибов “Азаттыктын” кабарчысы менен маегинде былтыркы окуялар кыргыз-өзбек калктарынын эле эмес, Кыргызстан менен Өзбекстандын мамилесин да сыноодон өткөргөнүн белгиледи.

Ички интеграциянын зарылдыгы

Ташкенттик саясат таануучу Фархат Толибов белгилеген аймактык интеграциянын алга жылыш-жылбасы бир эмес, бир нече өлкөгө көз каранды. Ал эми ички саясат улуттуку болобу, же башкасы болобу ар бир өлкөнүн өзүнө байланыштуу.

Улуттук илимдер академиясынын Социалдык изилдөөлөр борборунун директору Нурбек Өмүралиев былтыркы окуялардан кийин кыргыз бийлиги ички саясатта ойлонуп көрүүсү керек болгон дагы бир маселе катары төмөнкүнү атайт:

- Маселен, Акаев учурунда, Бакиев учурунда да административдик жана каржылык ресурстар борбордо жыйналган бийлик вертикалы түзүлгөн. Андыктан борбордон ошол ресурстарды буруу үчүн, мисалы өзбек мектебинин курулушуна, тигил же бул этностун өкүлү керек болгон. Эгер Жалал-Абадагы өзбек улуттук маданий борборунун 2005-2006 –жылдагы жакшы белгилүү талаптарын алсак, ал жерде 15тей талап бар эле. Ошолордун ичинен экөөсү өзбек тилине макам берүү жана кадрдык өкүлчүлүктү кеңейтүү талабы кыргыз коомчулугунда катуу кыжырданууну жараткан. Эгер биз эки деңгээлдүү бюджетке өтсөк, бийликтин жергиликтүү органдарында акча болот. Ошондо алар өзбек улуттук маданий борборунун биз эскерген кайрылуусунда айтылгандардын көпчүлүгүн жергиликтүү деңгээлде өздөрү жашап жаткан адамдар менен чогуу чече алмак. Ошондо биз улут аралык мамиленин деңгээлине чыгып кетип жаткан талаштарды социалдык проблемаларды чечүүнүн алкагындагы талаштарга бурмакпыз. Анда бизге мына өзбек тилдүү мектеп куруп бергиле деп айтышпайт. Калк мектеп кийинки жылы болот, быйыл башка маселени чечели деген демилге көтөрүлүп чыгышы мүмкүн. Жергиликтүү бийлик органдарынын өз алдынчалыгын көтөрүү аркылуу жер-жерлердеги улут аралык көйгөлөрдү чечүүнү жергиликтүү коомдоштуктардын өзүнө берүү менен чыңалууну төмөндөтүп, ага катар биздин элдердин интеграциясына, эмгек интеграциясына көмөктөшүүгө болот.
Июнь коогасынын бир жылдыгына карата ачылган "Эненин көз жашы" эстелиги. Ош, 2011-жылдын 10-июну.

Улуттук илимдер акдемиянын социалдык изилдөөлөр борборунун директору Нурбек Өмүралиев “Азаттыктын” кабарчысы менен маегинде ички интеграцияны алга жылдыруу үчүн ар кандай деңгээлдеги бийликке өзбек азчылыгын өкүлдөрүн да көбүрөөк тартуу зарылдыгын кошумчалады.

Ош шаарынын тургуну, укук коргоочу жана адвокат Идирисбек Кубатбековдун пикиринде, бир жылдан кийин былтыркы жаңжалдан жаатташкан эки эл алуучу эң башкы сабак - алар баары бир эриш-аркак жашоого аргасыз экендиги:

- Окуя болду, болуп өттү. Андыктан эң чоң сабак окуя болгондон кийин деле чатакташууга барган кыргыз жана өзбек улуту бирге жашоону улантып жатканы. Демек мен ойлойм, кыргызы болобу же өзбеги болобу чогуу жашоо улантылып жатканынан чоң сабак алышыбыз керек.

Улут аралык жаңжалдын бир жылдыгын утурлай жергиликтүү жана эл аралык комиссиялардын, адам укугун коргоочу уюмдардыкын кошкондо онго жакын баяндама жарыяланды. Ал иликтөөлөрдүн жыйынтыгында, былтыркыдай жаңжал кайталанбашы үчүн кыргыз бийлиги менен өкмөтүнүн дарегине ондогон сунуштар берилди. Алардын канчасын бийлик жана коомчулук кабыл алат муну убакыт көргөзмөкчү. Бирок калаба кайталанбасын десе жаңжалдын башкы сабактары менен коомчулук же бийлик ага макул же макул эместигине карабай, эсептешүүгө туура келет.

Казак-кытай алакасы кеңейүүдө, бирок андан чочулагандар да бар

Бул кытай президенти Ху Цзиньтаонун Казакстанга жетинчи ирет келиши болду, эки өлкө лидерлери жалпысынан 25 ирет жолуккан. Астана, 13-июнь, 2011-жыл.

Астанада кечээ казак жана кытай президенттеринин сүйлөшүүлөрү өттү. Ху Цзиньтао Казакстанга бул ирет Шанхай кызматташтык уюмунун мааракелик саммитин утурлай келди, эки өлкөнүн алакасы жаңы келишимдер менен толукталды. Бирок казак коомчулугунда кытай компанияларынын ишмердиги кеңейишинен олуттуу тынчыздангандар да бар.

Акордодогу сүйлөшүүлөр учурунда казак президенти Нурсултан Назарбаев өз өлкөсү менен Кытайдын кызматташтыгы “жаңы деңгээлге” көтөрүлүп жаткандыгын белгилесе, Ху Цзиньтао өз сөзүндө Казакстанда “саясий стабилдүүлүк бекем сакталып, калк туруктуу” өнүгүү үстүндө экендигине токтолду.

Сүйлөшүүлөрдүн соңунан тараптар стратегиялык өнөктөштүктү өнүктүрүү жөнүндө биргелешкен декларацияга, айлана-чөйрөнү коргоо жаатындагы кызматташтык жана улуттук валюталарды алмашып туруу боюнча келишимдерге кол коюшту.

Алматылык саясат таануучу Расул Жумалы эки коңшу өлкөнүн кызматташтыгы артып, президенттердин бат-бат кездешип жатышынан саясий себеп издөөнүн кажети жок деп эсептейт:

- Кытай азыр өз ара соода жүгүртүүнүн көлөмү жагынан Казакстандын Орусия менен катар негизги соода өнөктөшү. Ал акыркы эки-үч жылда, асыресе дүйнөлүк каржы кризисинен кийин Казакстандын негизги инвесторуна айланды. Андыктан эки ортодо талкуулануучу маселелер жетиштүү. Андыктан мен мындан кандайдыр бир ири саясий себеп издебейм.

Кытай жана казак президенттери буга чейин акыркы ирет быйыл февраль айында кездешкен эле. Анда Нурсултан Назарбаев Бээжинге расмий сапар менен барган. Бул визиттин учурунда эки өлкө миллиарддаган долларга эсептелген, анын ичинде Кытайдын Казакстанга энергетикалык инфраструктуранын курулушу үчүн 5 миллиард доллар насыя ажыратуусун, Казакстандын Кытайга уран сатуусун караган келишимдер түзүлгөн.

Батыш гезиттери, атап айтканда британдык “Financial Times” казак президентинин Бээжиндеги бул жолку сапарынан кийин Кытайдын Казакстан экономикасына катышуусу акырындык менен энергетика секторунун чегинен чыга баштагандыгын белгилеген эле.

Бирок Казакстандын жалпы улуттук Социал-демократиялык партиясынын башкатчысы Амиржан Косановдун көз карашында, Кытай менен экономикалык, асыресе мунай-газ тармагындагы келишимдерде казактардын кызыкчылыктары талаптагыдай корголду деп айтуу кыйын:

- Кытай бизнесинин казак экономикасына кирүүсүнө артыкчылык берүүнүн бир шарты – биздин чиновниктерди, аким же министр болсун, эл камын ойлобой, казактын болочогун ойлобой бир күндүк кызыкчылыкты жетекчиликке алганы. Мында коррупциянын да элементтери болушу мүмкүн. Биздин стратегиялык тармак – мунай-газ секторунда министрдин өзү айтты, “Кытайдын үлүшү 24%”деп. Ага Европа, Орусия, Америка компанияларын кошсок, казактын колунда эмне калат.

Ху Цзиньтаонун казак президенти “тарыхый” деп мүнөздөгөн бул жолку жетинчи сапарын утурлай жакында Алматыда уюштуруучулар “кытай экспансиясына” каршы деп атаган митинг өткөн. Казакстандын оппозициядагы күчтөрү уюштурган жыйында табигый кендерди “Кытайга сатууну токтотуу керек” деген чакырыктар айтылган.

Казакстандык журналист Гүльжан Ергалиеванын пикиринде, эки өлкөнүн абдан эле жакындап кетиши кооптондурат:

- Кандайдыр бир олуттуу жана кыраакы саясат болушу керек. Казакстан менен Кытайдын абдан эле жакын достугу шек туудурат жана мени кооптондурат. Анын үстүнө Казакстан азырынча алсыз, коңшу Кытай кубаттуу экендигин эске алганда аралык дайыма сакталышы абзел.

Казакстандын маалымат агенттиктери Кытай президенти Ху Цзиньтао Астанада дүйшөмбү күнкү сүйлөшүүлөрдөн кийинки брифингде эки тарап 2015-жылга карата соода жүгүртүүнүн көлөмүн 40 миллиард долларга жеткирүүнү макулдашканын айтканын кабарлады. Ал эми былтыр, казак президентинин сөзүнө караганда, эки тараптуу сооданын көлөмү 27 миллиард долларды түзгөн. Казакстандын энергия, өндүрүш, транспорт тармагында ушу тапта Кытайдын 1000ден ашуун компаниясы иштейт.

Борбор Азия: Жаштарга орун тийеби?

Бишкекте 13-июнда башталган "Демократия жайкы мектебинде" Борбор Азиядагы жаш саясатчылардын коомдогу орду тууралуу да сөз болду.

Чөлкөмдөгү мамлекеттерде азыр да коммунисттик партиянын таалимин алган саясатчылардын таасири күч. Аймактын лидер жаштары ушундан улам борборазиялык мамлекеттерде нукура демократиялык принциптердин жакын арада ишке ашуусунан күмөн санайт.

Бишкекте бүгүн ачылган "Демократия жайкы мектебинин" айрым катышуучулары ушундай пикирлерин билдиришти.

Өзбекстандык жаш активист Жамшид Хакимов өз мекенинде жаштардын өлкөнү башкаруусуна шарттар жакшы эле түзүлгөн деген пикирде. Өзбек парламенти - Олий мажлиске 25 жаштан тарта депутат болууга укук берилгенин, ал жерде жаш депутаттар саны жетиштүү.


Мындан тышкары партияларда жаштар канаты да бар экен. Ошентсе да көпчүлүк өзбекстандык жаштар саясатка анча тартылышпайт дейт Жамшид:

- Эмне үчүн жаштар саясатка караганда бизнесте көбүрөөк болгусу келгенине менин көз карашым мындайча. Саясий жашоодо чыгармачыл демилгелерин, жана башка ойлорун жүзөгө ашырууга мүмкүнчүлүк аз. Ал эми бизнесте болсо өзүнө өзү кожоюн.

Ал эми казакстандык жаш саясат талдоочу Амангелди Калыбековдун айтымында, эл улуу муундагы лидерлерге, алмашкыс жетекчилерге көнүп бүткөн. Мындан улам жаштар саясатта чечүүчү деле күчкө ээ эмес:


- Жаштардын мамлекеттик структуралардагы чечүүчү күч катары кароо эрте. Ар нерсенин убагы бар. Өз убагы келгенде жаштар да башкалар эсептеше турган күчкө айланышы мүмкүн.

Ал бул үчүн ириде коомчулук өзү, анын ичинде жаштар өзгөрүшү керектигин белгилейт.

А бирок коммунисттик доордон демократияга өтүү кыйла убакытты талап кылаарын эң тажрыйбалуу саясий ишмер жана дипломат Ишенбай Абдуразаков белгиледи. Анын айтымында, таза демократиялык коом куруу үчүн Борбор Азия өлкөлөрүндө дагы үч муун алмашышы зарыл.

- Эл да быша элек. Мына шайлоодо кандай шайлап атышат. Идея, саясий платформа, лидерлердин бышып жетилгендиги менен такыр иши жок да көп элдин. Бизде күч биринчиден каржы ресурсу, экинчиден - административдик ресурс, үчүнчүдөн - аймактык бөлүнүү, төртүнчүсү непотизм деп коёбуз – уруулук бөлүнүү.


Кыргызстандык активист Айдай Акматова Кыргызстанда жаштардын ролу, демократиялык көрсөткүчтөр башкаларга салыштырмалуу жогорулап баратат деген ойдо. Анын пикиринче, буга бийликтин бийик бутактарындагы адамдар менен пикир алышуу мүмкүндүгү мисал боло алат.

- Демократиянын алкагында иштебесе биз минтип жеңил жолугуп, пикир алмашып, өлкө башчысы менен жеңил пикир алыша алмак эмеспиз. Мисалы, былтыркы окуялардан кийин деле мына, Өзбекстандан келген катышуучулар биз менен кенен-кесир ой алмашып, аралашып жүрүшөт.


"Демократия жайкы мектеби" Борбор Азиядагы жаштардын коомдук турмушка активдүү аралашып, саясий билимин жогорулатуусуна жардам көрсөтүү аракетинде 2007-жылдан бери иштеп келет.

Мектептин быйылкы окуусуна Борбор Азия өлкөлөрүнөн жүздөн ашуун жаштар катышууда. Окуунун ачылышына Кыргызстандын президенти Роза Отунбаева катышып, бул чөлкөмдө демократиянын келечеги азыркы жаштарда экенин баса белгиледи.

Эркин күрөш боюнча мелдештин алгачкы жеңүүчүлөрү

10-июнда Бишкекте Каба уулу Кожомкулдун байгесине эркин күрөш боюнча эл аралык мелдештин алгачкы жеңүүчүлөрү аныкталды.

Кыргыздын даңазалуу балбаны Каба уулу Кожомкулдун байгеси үчүн бул эл аралык турнир 49-ирет өткөрүлүп жатат.

Быйылкы турнирде Польша, Орусия, Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан жана Кыргызстандын 8 командасынын тандалган балбандары күч сынашууда.

Мелдештин ачылыш салтанатында Орусиянын Чечен, Бурят, Якут республикаларынын балбандарын баштап келген Сеул олимпиадасынын күмүш байге ээси, Орусияга эмгек сиңирген устат Абдану Бараев бул турнирде өзү да күрөшүп, байге алганын эскерди.

- Мен жана агам 26 жыл мурда ушул мелдеште мөрөй алганбыз. Союз учурунда эң таасирдүү турнир эле. Эмдиги жылы 50 жылдык юбилейлик учурунда Эл аралык күрөш федерациясынын гран-при мелдештеринин тизмесине кирсе деген тилегим бар. Ким күчтүү болсо, ошол жеңүүчү болсун. Спорт ар дайым тынчтыктын жарчысы, достуктун данакери болуп келген.

10-июнда төрт салмак боюнча таймашууларда баш байгеге талапкер болгондорду өлкөнүн башкы устаты Анарбек Үсөнканов “Азаттыкка” айтып берди.

Жеңил салмакта баш байгени Кыргызстандын “Замандаш” спорт клубунун өкулү Алтынбек Алимбаев жеңип алды. Финалда Алтынбекке утулган казакстандык Шокан Шингизов күмүш байгелүү болду.

Мелдеште үчүнчү болгон чымкенттик Эркебала Тургунбаев атаандаштары күчтүү экенин айтып, мелдештин деңгээли жогору болгонун белгиледи.

66 кг. салмакта Азия чемпионатынын жеңүүчүсү, кыргызстандык Инокентий Инокентьев жеңиштин бийик сересине көтөрүлдү. Ал финалда тажикстандык Сомиршо Вокхидовду утуп алды.

84 кг. салмакта казакстандык балбан Дулат Аханов менен польшалык Радослав Марчинкевич Кожомкулдун баш байгесине талапкер болушту. Натыйжада поляк балбаны Радослав утуп, олжолуу болду.

Оор салмакта жаштар арасында Азия чемпионатынын жеңүүчүсү, кыргызстандык Айал Лазарев баралына келгенде Кожомкулдай балбан болоорун айгинелеп, турнирдин баш байгесин утуп алды. Анын финалдагы атаандашы польшалык Бартооми Бартницкийге күмүш медаль ыйгарылды.

Кыргызстандын Улуттук олимпиада комитетинин президенти Мурат Саралинов Кожомкул атындагы мелдештин деңгээли мурда төмөндөп кетсе, 2-3 жылдан бери эл аралык кадыр-баркы жогорулаганын билдирди. Ал кийинки жылы жаштар арасындагы Азия чемпионаты Бишкекте өтөөрүн кошумчалады.

- Жаштарга шарт түзүп, камкордукка алынса, бул турнирдин мааниси зор. Себеби Кожомкулдун байгесине арналган мелдештен чыгаан балбандар такшалуу мектебинен өтүшкөн. Быйылкы мелдешти уюштуруу деңгээли дурус болду.

Эркин күрөш федерациясынын президенти Мелис Тургунбаевдин айтымында, Кожомкул атындагы мелдеш таанымал балбандар Руслан Искенов, Жеңиш Дөңбаев, Кенжебек Өмүралиев, Русланбек Мажинов, Алмаз Аскаров жана башкалардын чеберчилигин жогорулатып, чоң спорттогу жолун ачкан.

- Өлкө маданиятына эмгек сиңирген ишмер, кыргыз жигиттеринен биринчи СССР спорт чебери аталган Сарыгул Чекиров 1962-жылы ушул мелдештин алгачкы жеңүүчүсү болгон.

11-июнда 60, 74 жана 96 кг. салмактарда күч сынашуулар болот. Мында Кыргызстандын намысын Азиянын эки жолку чемпиону Базар Базаргуриев, Айбек Жусупов баштаган балбандар коргойт.

Эми кыргызстандык балбандар үчүн башкы сыноо - сентябрда Стамбул шаарында өтө турган дүйнө чемпионаты турат. Себеби мында биринчи орундан жетинчи орунга чейин 2012-жылкы Лондон олимпиадасына жолдомо ыйгарылат.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG