Энергетика жана өнөр жай министри Аскарбек Шадиев бул тармактагы коррупциялык схемалар четтетилгенин билдирди. Ал кайсы жана кандай схемалар болгон?
Кыргызстанда киши колдуу өлүмгө кириптер болгондордун 25 пайызы үй-бүлөлүк чатактарга туура келээрин Ички иштер министрлиги билдирди. “Арай көз чарай” талкуусу ушул темага арналды.
Абактагы тополоңдун себеби эмнеде? Энергетика тармагында кыңыр схемалар жоюлганы айтылууда.
Казак Мажилисинин жаңы депутаттары алгачкы сессияга чогулду. Тажик бийлиги Орусиядагы эмгек мигранттарынын беделин көтөрүү аракетин көрүүдө.
Бишкек ишкерлер клубу кыргызстандык жаштарды бизнес жасоого чакырууда. Клубдун активисттери өлкөдө ишкер болууну модага айлантып, жаштардын калың катмарына бизнес жасоону үйрөтө баштады.
Санкт-Петербургда футболдон Шериктештик кубогу өтүүдө. Бишкекте дзю-до чемпионаты жыйынтыкталды. Спорт агенттигине жаңы жетекчи дайындалды.
Тажикстандын түштүгүндө Даңгара деген чакан шаарча бар. 20 миңдей киши жашаган бул жер өлкөнүн борбор калаасы болуп калышы ажеп эмес.
Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду Борбор Азиядагы Америкалык университет имарат үчүн ижара акысын төлөбөй жатат деп билдирүүдө.
Казакстанда киши колдуу болгон кыргызстандык журналисттин өлүмү боюнча иш жаңы жагдайларга байланыштуу кайра тергелиши мүмкүн.
Өкмөттүк жыйында энергетиканын абалы талкууланып, коомчулукта буга чейин айтылып келаткан коррупциялык схемалардын айланасында сөз жүрдү.
Араб өлкөлөрүн тербеткен толкундоолор репрессиячыл бийлик астында жашаган адамдарды авторитардык реждимдерге каршы көтөрүлгөнгө шыктандырды.
Кыргызстан президенти инвесторлорго жана ишкерлерге бейиш түзүүнү сунуштады. Ал бейиш кандай болуш керек? Азыркы кезде бул багытта кандай иштер жүргүзүлүп жатат? “Азаттыктын” “Арай көз чарай” талкуусуна ушул тема коюлду.
Дагы жүктөңүз