16-декабрда тополоң болгон Жаңы-Өзөн шаарында өзгөчө кырдаал 31-январга чейин узартылды. Шаарда кырдаал турукташа электиги айтылууда.
Өзбекстан Тажикстанга эскертпестен эле газдын оозун бууп койду. Ал ортодо Кыргызстанга өзбек газы бирде берилип, бирде токтотулуп жатат.
Бишкекте футзал оюну боюнча "Наристе" эл аралык турнири өтүүдө. Бишкекте шахмат боюнча да балдар арасында акыл таймашуулары болууда.
ИИМдин 10-башкармалыгынын түштүк аймагы боюнча жетекчи орун басары Станбек Бакиров экстремизмге каршы күрөш тууралуу маек курду.
Кытайдын Үрүмчү шаарында документи жоголуп, барар жери жок калган Кылычбек Мергенбаев мекенине кайтуу үчүн 38 миң сом айып төлөөгө мажбур.
Кытайда кыргызстандык жарандардын абалы тууралуу Кыргызстан Тышкы иштер министрлигинин Кытайдын Үрүмчү шаарындагы өкүлү Азат Эркебаев кеп салды.
Жаңы жылдан тарта Орусия, Беларус жана Казакстан кирген Бажы биримдиги ишке киришти.
Парламентте түпкү теги кыргыздар үчүн жарандык алууну жеңилдеткен мыйзам долбоору даярдалууда. Ага ылайык, жарандык алуунун шарттары бир топ жеңилдемекчи.
Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев "Манас" аба майданында АКШнын аскерий базасынын тагдыры глобалдык планга чыкканын билдирди.
Атамбаевдин америкалык транзиттик борбор боюнча билдирүүсү тууралуу депутаты Токон Мамытов “Азаттык” менен ой бөлүштү.
Казакстандын Башкы прокуратурасы Жаңы-Өзөн шаарында элге ок аткан полициячыларга кылмыш ишин козгоду.
2011-жыл Эгемендигинин 20 жылдык мааракелерин белгилеген Борбор Азия өлкөлөрүндө биринин ити чөп жесе, экинчилеринин бедели түштү. Аймактын өлкөлөрүндө байкалган негизги окуялар, тенденциялар кайсылар?
Дагы жүктөңүз