Линктер

дүйшөмбү, 22-июль, 2019 Бишкек убактысы 11:24

Борбор Азия

Грозин: Базадан башка да маселелер бар

КМШ өлкөлөрү институтунун Борбор Азия боюнча бөлүмүнүн жетекчиси Андрей Грозин "Азаттыкка" маек курду.

“Азаттык”: Президент Алмазбек Атамбаевдин өткөн аптада Москвага жасаган сапары орус медиасында кандай чагылдырылды?

Грозин: Президент Атамбаев идеологиялык жактан карама-каршы турган медиаларга маек куруп, абдан туура кадам жасады. Балким бул ал өлкө башчысынын өзүнүн идеясыдыр, балким PR тобу кеңеш бергендир. Бирок буга чейин борборазиялык бир да лидер “Эхо Москвы” үналгысына маек курган эмес. Мен Ислам Абдуганиевичти, же Нурсултан Абишевичти Венедиктовдун жанында элестете албайм.

“Азаттык”: Соңку кездери Орусияда Кыргызстандагы кырдаал, Кыргызстандын келечеги тууралуу пессимисттик маанай басымдуулук кылып келди. Бул көрүнүш өзгөрүп атабы?

Грозин: Орусиялык маалымат каражаттарында Атамбаевдин иш сапары боюнча каттуу сынды байкаган жокмун. Эки темага басым жасашты: америкалык базанын тагдыры, Кант базасы үчүн карызды кайтаруу.

Ар дайым эле ушул темалар көтөрүлө берет, менимче бул туура эмес.

Кыргызстан өзүнүн аймагында эки базаны жайгаштырып, ал үчүн геосаясий оюндардын чордонундагы өлкө катары гана кабыл алынып жатат. Менимче, Кыргызстандагы саясий кырдаал алда канча терең жана маанилүү. Мисалы, 4-мартта өтө турган Оштун шаардык кеңешин шайлоо, өкмөттүн 100 күндүк иши боюнча апрелде берчү отчету, жазда саясий туруксуздуктун пайда болуу мүмкүнчүлүгү, жазгы талаа иштери – мына ушул суроолорго көңүл буруу керек эле. Орусиялык журналисттер "база, база" деп эле туруп алышты.

“Азаттык”: Атамбаев бир нече орус аткаминерлерин сындап өттү, буга Кремль кыжырданып атат деген сөздөр пайда болду, ушул канчалык чын?

Грозин: Бул - кырдаалды өтө эле жалпылаштырып кароо. Менин байкашымча, Кремлде Кыргызстанга карата кыжырдануу жок. Түшүнчү адамдар Кыргызстандагы кыйын кырдаалды, анын ичинде базалар боюнча чечимдерди жакшы эле түшүнүп атышат.

Темир жолдун баасы бычыла элек

Депутаттардын айтымында, Кытай мамлекети Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун курулуш акысына айрым кендерди сурап жатат.

Кыргыз өкмөтү Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун куруу иши ушул жылы башталарын айтууда. Азыр бул долбоор боюнча Кытай тарап менен сүлөшүүлөр жүрүп жатат.

Бирок депутаттар келишим боюнча темир жолду куруп берген акысы үчүн Кытайга кен байлыктар берилиши мүмкүн экендигин, бул Кыргызстандын үчүн пайдасыз болорун айтып чыгышты. Ал эми өкмөт долбоордо андай беренелер жоктугуна ишендирүүдө.

"Кытай бир топ кендерди сурап жатат"

“Ата Мекен” фракциясынын депутаты Райкан Төлөгөнов кыргыз өкмөтү Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун куруу боюнча маалыматтарды ачыкка чыгарбай жатканын сынга алды.

Депутаттын билдиришинче, бул темир жолду куруп берген акысы үчүн Кытай мамлекетине Кыргызстандын кендери берилиши мүмкүн. “Кытай тарап бир топ кендерди сурап жатат”, дейт Райкан Төлөгөнов:
Биздин аймакта жүк которуу станциясы курулуп калса, жылына 200-210 миллион доллар киреше түшөт.

- Булар: аллюминий чыккан Сандык кенин, Жалал-Абаддагы дагы бир кенди, Миң-Куштагы кенди, Өзгөн бассейниндеги бир нече көмүр кендерин, мындан тышкары Жетим-Тоодогу темир кендерин сурап жатат. Бул сунуштарга мамлекет кандай көз карашта экендиги белгисиз болууда. Анткени айтылган сунуштар бизге пайдасыз болот.

Ошондой эле депутат темир жолду курууда каражаттын бир канчасы белгисиз чыгымдарга жумшалышы мүмкүн экендигин, бул кайра эле мамлекеттин, элдин мойнуна карыз болуп илинерин айтты.

- 70 чакырым көпүрө жана тоннелдерди курууга 660 миллион доллар жумшалып жатат. Ошол эле кезде “жана башка чыгымдарга” деп ушундай эле сумма коротулуп жатат. Бул чарбалык көз караш менен алганда пайдасыз.

"Пайдага маарымакпыз"

Ал эми Геология жана минералдык ресурстар боюнча агенттиктин деректири Учкун Ташбаев темир жолду куруп бергени үчүн Кытай тарапка кен байлыктар берилет деген маалыматты четке какты.

Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун курулуш долбоору боюнча эксперттик топтун мүчөсү, Темир жолдорду куруу жана долбоорлоо боюнча дирекциянын жетекчиси Канат Абдыкеримов да ушундай эле пикирде.

- Акыркы күндөрү билбегендиктен көп сөздөр айтылып жатат. “Темир жолду курууда өкмөт кен байлыктар менен сүйөшүүлөрдү жүргүзүп жатыптыр, чечип коюптур” деген сөздөр айтылууда. Андай эмес, бул маалыматтар жалган. Ал сыяктуу эч кандай сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн жокпуз.

Канат Абдыкеримов бул долбоор боюнча Кытай тараптын атайын эксперттик тобу менен март айында жолугушуу болорун кошумчалады.

Транспорт жана Байланыш министрлигинин маалыматы боюнча, Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун узундугу 268 чакырымды түзүп, анын жалпы чыгымы 2 миллиард долардан ашат. Кыргыз өкмөтү бул долбоор ишке ашып калса, транзиттик жол катары анын Кыргызстандын экономикасына зор салымы болорун билдирүүдө. Башкача айтканда, башка өлкөлөр менен экономикалык кызматташтык, соода жүгүртүү жана туризм тармагы жакшырмакчы.

Темир жолдорду куруу жана долбоорлоо боюнча дирекциянын жетекчиси Канат Абдыкеримов:

- Кытайдан бизге, андан ары Казакстан, Өзбекстан, Иран, Европага чейин жүктөр кетип турат. Бул жолдун транзиттик эле потенциалы абдан көп пайда алып келет. Экинчиден, биздин аймакта жүк которуу станциясы курулуп калса, жылына 200-210 миллион доллар киреше түшөт.

Өкмөт Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жол курулушу жыл ортолоп башталып, 2018-жылы толук аяктайт деп билдирүүдө.

Кызыктырган кыргыз паспорту

Тышкы миграциянын күчөшүнөн улам, Кыргызстанда паспорт киреше табуунун булагына айланганы айтылууда.

Бул тууралуу билдирген Жогорку Кеңештин “Республика” фракциясынан депутат Нурбек Алимбеков Кыргызстандын паспорттору чет элдик жарандарга берилип кеткен учурлар көбөйүп жатканына токтолду.

Калкты каттоо департаментинин жетекчилиги мындай дооматты четке кагып, жакын арада андай фактылар катталбаганын белгиледи.

Парламентте атуулдарды жарандык паспорт менен камсыздоо ишин көзөмөлдөөнү жөнгө салуу маселеси көтөрүлүүдө. Депутаттар тышкы миграциянын айынан паспортко болгон муктаждык күч экендигине токтолушту.
Ошондой жаңы бир фактылар болсо, депутаттар бизге берсе жакшы болот эле. Анан бербей туруп эле, дүңүнөн айта берген да болбой калат го.

Жогорку Кеңештин “Республика” фракциясынан депутат Нурбек Алимбеков Кыргызстандын жарандык паспортторун мыйзамсыз берген учурларды тез арада тартипке келтирүү сунушу менен чыкты:

- Эмнеге муктаждык болсо, биздикилер дароо бизнеске айландыра калып жатышпайбы. Анан калса Өзбекстандын, Тажикстандын жана Кытайдын жарандары алгач Кыргызстандын паспортторун сатып алышып, анан Орусиянын жарандыгын алып жатышат. Анткени Орусияда Кыргызстандын паспорту менен жеңилдетилген шартта жарандык берилет эмеспи. Буга катуу көзөмөл жүргүзбөсөк болбойт.

Мындан сырткары жарандык паспорттор мыйзамсыз негизде издөөдө жүрүшкөн кылмыштуу топтордун өкүлдөрүнө жана жарандыгы жок адамдарга берилип кеткен учурлар көп экендиги айтылды. Буга “Тумар” радиосунун кызматкеринин өмүрүнө кол салып, жакында эле кармалган Максат Эралиевге үч түрдүү аталышта паспорт берилгендиги мисал боло алат.

Колунан кармап албагандан кийин...

Ички иштер министрлигинин маалымат борборунун өкүлү Жеңиш Аширбаев жасалма паспорт берүү фактыларынын бетин ачуу кыйынга тураарына токтолду:

- Чек арадан өткөндө кармалып, ал аркылуу жасалма паспорт каяктан алынгандыгы аныкталып жатпайбы. Мына ошондой жол менен Казакстандын бир жаранына 2007-жылы Ош облусуна караштуу Кара-Кулжа районунан паспорт жасап беришкен экен. Ал жакында Орусиядан кармалып, азыр жергиликтүү прокуратура иш козгоп жатат. Бирок көпчүлүк учурларда мындай фактылардын бети ачылбай калып жатат. Анткени жасалма паспортторун алар чет өлкөлөрдө гана колдонушат. Кандайдыр бир иштер менен кармалып, изилдөө жүргөндө гана байкалбаса, андай фактыларды ачуу кыйла татаал.

Ошол эле учурда калкты каттоо департаментинин жетекчилиги жасалма жол менен мурда паспорт берилип кеткен учурлардын бар экендигин жокко чыгарбайт. Ошол эле кезде департаменттин директору Дүйшөн Сатыбалдиев жакын арада чет элдик жарандарга паспорт берилген фактылар каттала электигин белгиледи:

- Ошондой жаңы бир фактылар болсо, депутаттар бизге берсе жакшы болот эле. Анан бербей туруп эле, дүңүнөн айта берген да болбой калат го. Андан көрө "башка бир мамлекеттин мындай деген жаранына Кыргызстандын паспорту мындай жолдор менен берилиптир" деген конкреттүү фактылар бар болсо, тартип коргоо органдарына да билдиришпейби.

Ошол эле кезде депутаттардын жасалма паспорт маселесин көтөрүп жаткандыгында жан бардай. Анткени Ички иштер министрлиги былтыр 7-июлда Бишкекте жасалма паспортторду даярдаган көмүскө фирманын өкүлдөрү кармалгандыгын жарыялаган болчу. Анда жасалма паспорттор 1500 доллардан жогору баада сатылып тургандыгы айтылган. Бирок тогуз айдан ашуун убакыт өткөндүгүнө карабастан бул боюнча кармалгандардын тергөө иштеринин эмне болгондугунан кабар жок.

Дубнов: Атамбаев Москвага дүрбөлөң салды

Кыргыз президентинин Орусияга жасаган сапары учурундагы билдирүүлөр жана андан кийинки орус коомчулугундагы маанай тууралуу суроолорго Борбор Азия маселелери боюнча москвалык талдоочу Аркадий Дубнов жооп берди.

“Азаттык”: Президент Алмазбек Атамбаевдин өткөн жумада Москвага жасаган сапары орус медиасында кандай чагылдырылды?

Дубнов: Орусиялык ММКлардагы бардык макалалар менен таанышкан жокмун, бирок эки көрүнүктүү маеги “Коммерсант” гезитинде жана “Эхо Москвы” үналгысына чыкты. Менин оюмча, бул эки маек Атамбаевдин бейнесин жана ал Орусиянын жетекчилиги менен Москвада талкуулаган көйгөйлөрдүн тизмесин өтө мүнөздүү сүрөттөйт.
Атамбаев КМШ өлкөлөрүнүн көпчүлүк президенттери айткысы келип, бирок чыгына албай жүргөн ойлорду угуза айтып салды.


Чынында эле Атамбаев Москвада сөздүн жакшы маанисинде ызы-чуу чыгарды. Сапар бир жума мурун аяктаганы менен деле аны талдаган макалалар улам чыгып атат.

Кыргыз президенти чынында эле урунттуу жарыялаларды жасай алды. Анын сөздөрүн талдап, мындайча жыйынтыктайт элем. Биринчиден, Атамбаев өзү жетиштүү даражадагы оратор, аны Кыргызстандын элинин көпчүлүгү, биринчи ирээтте өлкөнүн түндүгү колдойт. Экинчиден, Атамбаев – КМШ президенттик клубунун жаңы мүчөсү.

Бирок Атамбаев КМШ өлкөлөрүнүн көпчүлүк президенттери айткысы келип, бирок чыгына албай жүргөн ойлорду угуза айтып салды. Бул Орусиянын жакынкы коңшу өлкөлөргө өзүнүн аскердик объектилерин тааңуулоосу.

Атамбаев Орусияны Канттагы база үчүн ижара акысын төлбөгөндүгү жана башка бир топ милдеттенмелер аткарылбагандыгы үчүн зекиди. Президенттин келтирген агрументтерине каяшам деле жок, себеби алар жөндүү.

“Азаттык”: Атамбаев Кант шаарында жайгашкан орус аскер базасы үчүн карызды кайтартты, бирок келечекте бул база жабылышы мүмкүн деп жарыялады. Бул билдирүү резонанс жараттыбы?

Дубнов: Канттагы орус авиабазасынын ачылышы 2003-жылы ал учурдагы президенттер Аскар Акаев жана Владимир Путиндин катышуусу менен өткөн, мен ал мааракеге катышкам. Канттагы базаны ачуу бул жөн гана Орусиянын туусун көтөрүү идеясын гана көздөгөн. Кийин база Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун авиациялык бөлүмүнө айланды. Орусиялыктарга “Манас” аэропортунда америкалык база ачылган соң өзүнүн базасын жооп катары ачып коюу зарыл болчу.

Орусиялык аскердик базанын Кыргызстандын түндүгүндө ачылышын ошондо да бир топ эксперттер сындашкан. Себеби база исламчыл жоочулардан коргоо максатында ачылса, анын өлкөнүн түштүгүндө жайгашышы жөндүү болмок.

Бирок 2003-жылы бир нече учакты батыра ала турган даяр бир жайды таба коюшуп, ошол жакка жайгаштырышкан, азыр деле бир нече окуу учактары бар болушу керек, бирок алардын согуштук-оперативдик мааниси жок.
Кыргызстанда азыр экономика үчүн жоопкерчиликти өкмөт алган. Эгерде кырдаал курчуса, бардык муштумдарды Бабанов алат, Атамбаевдин рейтинги болсо көтөрүлөт. Ошондуктан Атамбаевди күчтүү саясатчы деп атам.


“Азаттык”: Соңку кездери Орусияда Кыргызстандагы кырдаал, Кыргызстандын келечеги тууралуу пессимисттик маанай басымдуулук кылып келди. Бул көрүнүш өзгөрүп атабы? Атамбаев бир нече орус аткаминерлерин сындап өттү, бул кийин Кыргызстанга кедергисин тийгизбейби?

Дубнов: Атамбаев – президент, ошондуктан орусиялык аткаминерлердин кээ бирин сындаса, мында чоң катачылык деле жок. Бирок бул жерде саясий авантюризм да бар болушу мүмкүн. Себеби Атамбаев ал атаган аткаминерлер орус бийлигинин маанайын өзгөртүп, “жооп кайтарышы” мүмкүн экенин эске албай коё албайт.

Мисалы мартта Орусия жазгы иштерге карата “күйүүчү май өзүбүзгө жетпей атат” десе эмне болот? 2010-жылы Орусия күйүүчү майдын Кыргызстанга ташылышын токтотуп, бир нече жумадан кийин Бакиев бийликтен кеткен. Бирок бул боюнча жоопкерчилик эми президенттин мойнунда эмес. Кыргызстанда азыр экономика үчүн жоопкерчиликти өкмөт алган, бул премьер-министр Өмүрбек Бабанов. Эгерде кырдаал курчуса, бардык муштумдарды Бабанов алат, Атамбаевдин рейтинги болсо көтөрүлөт. Ошондуктан Атамбаевди күчтүү саясатчы деп атам.

Ош аба майданы: доомат көп, иш татаал

Премьер-министр Өмүрбек Бабанов Ош, Бишкек аэропортторундагы бажы, ИИМ жана чек ара кызматтарынын жетекчилиги менен жеке курамын 10 күн ичинде алмаштыруу тапшырмасын берди.

Мындай чечим бул кызматтарга болгон элдин арызданууларынан чыккан. Жүргүнчүлөрдүн айтымында, аба майданында тартип сакчылары алардан себепсиз акча талап кылган учурлары бар. Бирок аэропорт жетекчилиги жана аталган кызматтардын өкүлдөрү мындай маалыматтарды четке кагууда.

Ош жана Бишкек аба майдандарындагы тартип сактоо кызматкерлерин алмаштыруу өкмөт тарабынан айтылган менен иш жүзүндө азырынча баштала элек. Эл аралык Ош аэропортунун директору Орозбек Калдаровдун айтымында, учурдагы кызматкерлер деле жаман иштеп жаткан жок:

- Биздеги милиция, чек ара жана бажы кызматы деле жакшы иштеп жатат. Аларды алмаштыруу зарылчылыгы канчалык деңгээлде экенин билбейм. Мурда анча-мынча болушу мүмкүн эле, бирок азыр коррупциялык көрүнүштөр жокко эсе. Таптакыр таза дей албайм, бирок "малынып калды" деген сөз жалган. Ошентсе да эгер жаңы дайындалып келсе, алар менен да иштешип көрөбүз.

Калдаров ошондой эле жүргүнчүлөр тарабынан арыз-даттануулар түшүнбөстүктөн улам орун ала тургандыгын кошумчалады:

- Арыз-даттануулар жок эмес. Бирок каттоо учурунда, же башка учурларда кичине бир нерсе болсо эле ката издеген адамдар да бар. Кээде өздөрү деле документтерин туура эмес алып келип, анысын айтса, "булар акча талап кылып атышат" деп кыйкыргандар толтура. Ошондой түшүнбөгөн жүргүнчүлөрдүн айынан аэропорттун жамаатынын бетине толугу менен көө жабылып калбашы керек.

Ош аэропортунда учурда 20 милиция, 7 бажы кызматкери жана 16 чек ара кызматкери кезек-кезек менен иштейт. Аба рейстери көп болгон күндөрү аларга кошумча кызматкерлер да тартылат.

"Ош аэропорту" чек ара көзөмөл бөлүмүнүн жетекчи орун басары Марс Сейдакматов "Азаттыкка" мындай деди:

- Биз чек арадан өтүп жаткан кишилердин паспортторун текшеребиз. Ошондой эле зарылчылык туулса, алардын жүктөрүн да бир сыйра кароодон өткөрөбүз. Ал көбүнчө жалпы шартта эмес, жеке шартта аткарылат. Анан бул жерде эч ким, эч кимден акча албайт. Пара алууга шарт да жок. Эгер кокустан бирөө жарымдан кайсы бир кызматкер акча талап кылган учур болсо, бизде ал тууралуу маалыматтар жок. Бул жөнүндө бизге эч ким арызданып да келген эмес.

Деген менен жүргүнчүлөр аэропорттогу коррупциялык көрүнүштөр дагы деле азайбай келе жатканын белгилешүүдө. Өзүн Жакып Абдыманап уулу деп тааныштырган шаар тургуну буларга токтолду:

- Аэропортто чек арадан өтүп аткан кезде жок эле бир нерселерди сурай беришет. Мисалы, "аскердик аныктамаң жок экен, соттолгон эмес деген тактамаң жок экен" деген сыяктуу. Анан малга жасагандай, өтө орой, олдоксон мамиле жасашат. Айрыкча, Орусиядан келаткан мезгилде сумкаларыңды текшерип, бир нерсе үмтөтүшөт. Кээде ачык эле айтып, "бизге бир нерсе ала келдиңби? Же бир нерсе таштап өтчү" дешет. Биз аларга алып келүүгө милдеттүү болгонсуп, уялбай ушинтип айтышат. Эптеп бир проблема табышат да, акча алышат.

Башка бир жүргүнчү Курманбек Сооронов аба майданында иштеген бажы, чек ара жана милиция кызматкерлерин алмаштыруу менен гана маселе чечиле тургандыгына ишенбейт. Анын пикиринче, системанын өзүн иретке келтирмейин, коррупция дагы деле улана берет:

- Орусияга учуп кетип атсаң текшербейт, учуп келе жатканыңда ал жактан баңгизат ташып келе жаткансып текшеришет. Сумканын түбүнө чейин колдорун тыккылап карашат. Өзүңдүн жериңде ушундай мамилеге кабылып жатканыңа бир чети арданып кетесиң. Ээми ал кызматкерлерди алмаштырып коюу менен эле маселе чечилбейт. Кийинки келгендери деле ошолордун эле кылгандарын кайталайт. Аларды тазалоо үчүн түпкү системанын өзүн, чоңдорун тазалаш керек.

Өкмөт башчы Өмүрбек Бабанов Ош, Бишкек аэропортторундагы бажы, ИИМ жана чек ара кызматтарынын жетекчилиги менен жеке курамын 10 күн ичинде алмаштыруу тапшырмасын күч органдары менен болгон жыйында айткан. Мындай чечимди ал кызматтардын коррупцияга батып калгандыгы менен түшүндүргөн.

Бабанов ошондой эле жаңы дайындалган кызматкерлер паракорчулукту 1 айдын ичинде жок кыла албаса, алар да кызматынан токтоосуз бошотула тургандыгын белгилеген.

Чатакка себепкер чек ара

Быйылкы жазда Кыргызстандын Өзбекстан жана Тажикстан менен чек аралаш аймактарындагы жер-суу талаштардан улам кырдаал курчуп кетиши мүмкүн.

Бул тууралуу парламенттин коопсуздук жана коргонуу комитетинде ички иштер министринин биринчи орун басары Бактыбек Алымбеков билдирди.

Талдоочулар муну жылда боло келген көрүнүш катары карашып, көйгөйдү чек ара сызыктарынын аныкталбай жаткандыгы менен байланыштырышты.

Ички иштер органдарынын маалыматына караганда, жазында өлкөнүн түштүк-батыш чек ара аймактарында жер-суу маселесинен улам келип чыккан чыңалуу чегине жетиши күтүлөт. Анткени кошуналардагы жер-суу тартыштыгынын күчөшү чагымчыл аракеттерге түрткү болушу мүмкүн.

Ички иштер министринин орун басары буга байланыштуу коопсуздук чаралары күчөтүлүп жаткандыгын белгиледи. Айрым талдоочулар чыр-чатактардын өзөгүн мамлекеттик чек ара толук аныкталбай жаткандыгынан көрүшөт.

Чек ара коопсуздугу боюнча эксперт Кубанычбек Сарыбаев талаштуу участокторду калтырып, калган аймактар боюнча чек ара сызыгын ылдамыраак бекитүү керек деп эсептейт:

- Чыр-чатактардын көбөйүп жатышынын себептери чек аралардын мыйзамдуу макамы аныкталбай жаткандыгында. Мына ошондуктан талаштуу участокторду тактап бүтө элекпиз деп отура бербей, мамлекеттик чек ара сызыгын бекитип, макулдашууга кол койуу керек. Анткени чек ара тилкелеринин 70 пайызы аныкталып бүткөн. Талаштуу участоктордун маселесин чечүүнү кийинкиге калтырып, калган чек араны беките бериш керек.

Калктын саны өсүп, муктаждыктар көбөйдү

2011-жылы чек ара аймактарында жер-суу талаштарына байланышкан чыр-чатактардын 53 учуру катталган. Анын отуз тогузу Өзбекстан менен, калган он төртү Тажикстан менен чектешкен тилкелерде орун алган.

Кийинки кездери Өзбекстан менен Тажикстандын Кыргызстан менен чектешкен аймактарында калктын санынын табигый өсүшү күчөгөн.

“Эл аралык толеранттуулук үчүн” коомдук фондунун өкүлү Роберт Абазбековдун айтымында, жерге болгон муктаждык кошуналарды талаштуу участокторду өздөштүрүп калууга түртүп жатат:

- Чынында эле табигый муктаждыктын өсүшүнө Тажикстан менен Өзбекстандагы демографиялык өсүштүн таасири тийип жатат. Анткени мына ошол биз менен чектешкен Тажикстанга караштуу Чорку, Сурх жана Ворух, Өзбекстандын Сох аймактарынын калкы көбөйүп, жаңыдан бөлүнүп чыккан үй-бүлөлөргө аталган анклавдардын ичинен жер жетпей калды. Башка жактан сунушталган жер участокторуна алар бара алышпайт. Анан албетте алар Кыргызстанга таандык чек ара тилкелерине жакын талаштуу деп каралып жаткан жерлерди өздөштүрүп калууга аракет кылышууда.

Чекеге чыккан чек ара көйгөйү

Ошол эле учурда Кыргызстандын аталган чек ара аймактарындагы калкынын саны кошуналардыкына салыштырмалуу бир кыйла аз. Мындай жагдай алардагы “жерибизди тарттырып жибербейли” деген чочулоо сезимин күчөтөрү бышык. Ошондуктан серепчилер чек ара аймактарындагы араздашууларга түрткү болгон кызыкчылыктардын кагылышуусун негизги фактор катары карашат.

Жогорку Кеңештин коопсуздук жана коргонуу комитетинин төрагасы Токон Мамытов чыр-чатактардын себептерин чек ара тартибинин сакталбай жаткандыгынан көрөт:

- Талаштуу жер тилкелеринде курулуш иштерин, чарба иштерин жүргүзүүгө болбойт. Бул боюнча бекитилген макулдашууну сакташ керек болчу. Бул жерде бизден да, кошуналардан да кемчилик кетип жатат. Анан бардыгыбыз жергиликтүү элге чек арада жүрүүнүн жол-жоболорун түшүндүрө албай жатабыз. “Бул чек арадан өткөнгө болбойт, ал тилкени чарбалык иштерген колдонууга тыйуу салынат” деп принципиалдуу түрдө бийлик өз калкына жеткире түшүндүргөндө мындай кырдаал орун алмак эмес.

Кыргызстандын Өзбекстан жана Тажикстан менен болгон чек ара сызыгы жыйырма жылга жакын убакыттан бери такталып бүтө элек. Буга эки ортодогу талаштуу жер тилкелери боюнча тараптардын мунасага келе албай жаткандыгы себеп болууда. Анын айынан чек ара аймактарында өткөн он жыл аралыгында эле үч жүздөн ашуун ар кандай деңгээлдеги чыр-чатактар катталган. Алардын көпчүлүгү чек ара тилкелериндеги жер-суу, жол жана жайыт маселесине байланышкан.

Алматыда митинг: "Назарбаев кет!"

Алматыда митинг: "Назарбаев кет!"
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:03 0:00

Тажик мектептер талкууга түштү

Оштогу өзбек тилдүү мектеп

Кыргызстандын түштүгүндөгү тажик жана өзбек мектептерин жабуу демилгесине Тажикстандын элчилиги жооп кайтарды.

Элчилик ар бир улуттун өкүлү өз эне тилинде билим алууга укугу бар деп эскертти.

Буга чейин Жогорку Кеңештин айрым депутаттары Ош жана Баткен облустарындагы өзбек жана тажик тилдүү мектептерде коңшу өлкөлөрдүн тарыхы, адабияты окутулганын сынга алышкан. Кээ бирлери мындай мектептерди жабууга чакырган болчу.

Элчилик үн катты

Тажикстандын Кыргызстандагы элчилиги расмий сайтына жайгаштырган билдирүүсүндө ар бир этностун өкүлү билим алууга, улуттук өзгөчүлүгү менен эне тилин сактоого укугу бар экенин эскертүүдө. Элчилик Кыргызстанда ар бир жаран кыргыз тили менен тарыхын билиши керектигин, ошентсе да улуттук азчылыктын өз тилин сактоо аракетине эч ким бөгөт койбошу зарылдыгын билдирүүдө.

Тажикстандын Кыргызстандагы элчиси Асомуддин Саидов “Азаттыктын” тажик кызматына курган маегинде, эки өлкөдөгү этностордун укугун кепилдеген келишимдер бар деп белгиледи:

- Соңку демилгелер бүтүндөй кыргыз элинин пикири деп ойлобойм. Бул улутчул көз караштагы адамдардын позициясы болушу мүмкүн. Кыргыз өкмөтү бул позицияны колдобойт. Бизде кыргыздарга да, тажиктерге да улуттук өзгөчөлүктөрүн сактап, өз тилинде билим алуу укугун берген өкмөттөр аралык жана министрликтердин деңгээлиндеги келишимдер бар. Эч ким бул келишимдерди жокко чыгара албайт.

Кыргызстандагы тажик жана өзбек мектери боюнча маселе Жогорку Кеңештеги “Республика” фракциясынын 17-февралдагы жыйынында көтөрүлгөн. Эл өкүлдөрү бул мектептерде окуучулар коңшу өлкөлөрдүн тарыхы менен идеологиясын окуп жатышканын сынга алышкан.

Депутат Чолпон Султанбекова мындай мектептер боюнча саясий чечим кабыл алуу зарылдыгын белгилеген:

- Эгер ошондой фактылар болуп жатса, ошондой тартипте окуп жаткан мектептерди жапканга чейин баруу керек. Коркпош керек. Бул биздин мамлекеттин саясий чечими болушу кажет.

Мекенчил жаранды тарбиялоо аракетиби?

“Республика”фракциясы жакында бул маселени кайрадан көтөргөнү жатат. Фракция жетекчиси Канатбек Исаев тажик жана өзбек тилинде билим берген мектептерди тескөө аракетин түшүндүрдү:

- Баткен облусунда тажик тилинде окуткан мектептерде Тажикстанда басылып чыккан, тажиктин тарыхын, адабиятын окутушат экен. 1-класстан 10-класска чейин тажиктин тарыхын, адабиятын окуган балдар Кыргызстандын патриоту болобу? Бул маселени жакында эле билип, фракцияда көтөрдүк. Келе жаткан жумада билим берүү министрин чакыралы деп жатабыз. Бизге түшкөн маалымат боюнча, Ош облусунда өзбек Өзбекстанда басылып чыккан, Өзбекстандын тарыхын, адабиятын окутат экен.

Кантсе да тажик элчилиги Кыргызстанда кыргыз тарыхы менен адабияты боюнча тажикче китептер аз басылып чыгат деп эсептейт. Мындан улам тажик ата-энелер Тажикстандан китеп алдырууга аргасыз болушат.

Билим берүү жана илим министрлигинин маалыматына ылайык, Кыргызстандагы тажик тилдүү мектептер китеп менен 64 пайызга гана камсыз болушкан. Министрдин орун басары Муктар Орозбеков:

- Маселе тажик тилинде Кыргызстандын окуу программасына ылайык келген китептерди чыгаруу менен чечилип жатат. Ага каражат бөлүнгөн.

Тажик элчилиги Кыргызстанда тажик тилдүү мектептер жетишсиз деген да пикирде. Элчиликтин маалыматы боюнча, Тажикстанда кеминде 56 миңдей этникалык кыргыз үчүн 64 мектеп иштейт. Алардын 37си жалаң кыргыз тилинде гана билим берсе, 27си аралаш мектеп болуп саналат. Ал эми Кыргызстанда 45-50 миңдин тегерегиндеги тажик үчүн жети гана мектеп бар экени айтылат.
Бул улутчул көз караштагы адамдардын позициясы болушу мүмкүн. Кыргыз өкмөтү бул позицияны колдобойт.

Мындан тышкары элчилик Тажистанда этникалык кыргыздар үчүн ылайыктуу шарт түзүлгөнүн, маселен, Мургаб, Жерге-Тал аймактарында кыргыздардан депутат, акимдер чыкканын билдирүүдө. Тажик тектүү Кыргызстандын Социалдык өнүгүү министри Равшан Сабиров соңку жагдай боюнча оюн ортого салды:

- Тажик улуту болобу, башка улуттар болобу, Билим берүү министрлиги бул нерселерге абдан жакшы көңүл бурушу керек. Эмнеге дегенде, ошол китепти ачканда Кыргызстандын желеги, Кыргызстандын гимни, кыргыз президентти жана мамлекеттик белгилерибиз турушу керек. Бирок ошолорду өзүнүн эне тилинде окуп үйрөнүүгө шарт түзүлүп берсе, жакшы болоор эле.

Кыргызстандагы өзбек жана тажик мектептери боюнча маселе буга чейин бир нече жолу көтөрүлгөн. Өткөн жылы Ош шаарынын мэри Мэлис Мырзакматов да аймактагы өзбек мектептерин кыргызчага өткөрүүнү сунуштаган. Мындай демилгелер коомчулукта ар кыл сын-пикирге кабылып, улутчул аракет катары сыпаттагандар болгон.

Апта: Жазгы тиреш, базалар тагдыры

Башкы прокуратура ЖКнын төрт депутатына каршы 2010-жылы козголгон кылмыш иштерин кайра жандандырганы маалым болду.

Жогорку Кеңештин төрт депутатына кылмыш иши козголду. Президент Алмазбек Атамбаев Москвага иш сапар менен барды.

4-мартка белгиленген Ош шаардык кеңешине шайлоонун алдында өлкөдө саясий күрөш курчуй баштады. Бийлик менен оппозиция мурунку кездердей ультиматум тили менен сүйлөшүүгө өтүштү.

Оппозиция 1-мартта Ошто, анда кийин Бишкекте ири митингдерди өткөрүүнү белгиледи. Алардын талабы өкмөттү кызматтан кетирүү жана 1993-жылкы Конституцияга кайтып келүү болуп жатат.

Башкы прокуратура өз кезегинде оппозициялык “Ата-Журт” фракциясынын лидери Камчыбек Ташиевге, фракциянын мүчөлөрү Нурлан Сулайманов жана Нариман Түлеевге каршы 2010-жылы козголгон кылмыш иштерин кайрадан жандандырганы маалым болду.

Бул тууралуу Башкы прокуратуранын өзгөчө маанилүү иштер боюнча башкармалыгынын башчысы Жаныбек Салиев билдирди:

- Бул кылмыш иштер 2010-жылы эле козголгон. Андан кийин ал иштер кандайдыр бир жагдайлар боюнча токтоп калыптыр. Азыркы мезгилде бул иштердин баары мыйзамдын чегинде инвентаризациядан өтүп жатат. Мыйзамсыз токтотулган иштер жандандырылып, мыйзам чегинде далилдер, иштин жагдайлары иликтенип, жыйынтыкка келебиз. Ал эми парламентке кайрылуу жолдоно элек. Иштер мыйзам чегинде тергелип жатат.

Ал эми “Республика” фракциясынын мүчөсү Исхак Пирматовду жоопко тартуу үчүн депутаттык кол тийбестигин алуу сунушу прокуратура тарабынан Жогорку Кеңешке жолдонду. Пирматов мурунку бийлик кезинде “Кыргызнефтегазды” башкарып турганда мамлекетке олуттуу зыян келтирген деп айыпталууда.

Жаныбек Салиевдин айтымында, Башкы прокуратурада коррупцияга байланыштуу козголгон отуздан ашуун кылмыш иши бар. Алардын катарында жогорку даражалуу мамлекеттик кызматкерлер бар-жогу азырынча айтылбайт.

Мына ушул козголгон кылмыш иштер тандалма козголуп, саясий куугунтуктан кабар берип жатканын серепчилер белгилеп жатышат. Маселен, эксперт Кубатбек Кожоналиев мына ошондой маанидеги пикири менен бөлүштү:

- Мыйзам баарына тең пайдаланылыш керек. Ошондо нааразылык болбойт. Мына “Финанскредитбанк”, Улуттук банк жөнүндө бир айдан бери сөз болуп жатат. Оозуна талкан салып алгандай башкы прокурорубуз унчукпай отурат. Көмүр боюнча, энергетика тармагы боюнча, ликер-арак заводу боюнча... Анан кийин оппозицияда жүргөн жигиттерди эмес, биринчи өзүнүкүн бүтүрүп, "мына мен тазаландым, эми сен да тазалан" деш керек. Мына ошондо нааразычылык болбойт. Эгерде тандап иш козгой турган болсо, анда оппозициянын айта турган сөзү болуш керек.

Оппозициянын лидерлеринин бири Акматбек Келдибеков азыркы бийлик мурунку бийликтегилердин катасын кайталап жатат дейт:

- Акаевдин учурунда да, Бакиевдин учурунда да азыр бийликте отурган оппозиция көп сындап, көп куугунтук көргөн. Ошонун баарын башынан өткөрүп, бүгүн ошону кайталап жатканы таң калтырат. Жаз келгенде элдин митингге чыкканы күчөйт деп айтып жатышат. Себеби элдин күткөнү орундалбай жатат. Канчалаган адамдар митингге чыгып жатышат. Аларды кабыл алып, маселесин чечкен эч ким жок. Бакиевдин, Акаевдин учурунда оппозиция "бийлик бизди укпайт, биз менен отуруп сүйлөшпөйт" деп айтчу эле. Мына көрдүңүздөрбү, эки жылдан бери оппозициянын бирөөсүн чакырып, тегерек столдо отуруп, "кандай кылып иш алып баралы, кандай пикирлер бар" дегенин көрдүңүздөрбү?

Акматбек Келдибековдун айтымында, эгерде бийлик келечектеги митингдердин талабын аткарууга барса, анда кырдаал туруктуу бойдон калат.

Атамбаев Москвада

Өлкөдө саясий күчтөрдүн карама-каршылыгы күчөгөн шартта президент Алмазбек Атамбаев Орусияда иш сапар менен болду. Ал Москвада 24-февралда президент Дмитрий Медведев жана өкмөт башчы Владимир Путин менен жолугушту.

Маалыматка караганда, жолугушууда эл аралык абалдан тарта эки тараптуу кызматташуулар, Кыргызстандын Бирдиктүү экономикалык биримдикке кирүүсүнө чейинки маселелер талкууланган. Эл аралык абал талкууланганда Кыргызстандагы АКШнын Транзиттик борбору көңүл борборунда болгону айкын.

Президент Алмазбек Атамбаев Транзиттик борбор 2014-жылы “Манас” аба майданынан чыгарылыш керектигин 20-февралда Бишкекте АКШнын делегациясы менен жолугушууда дагы бир жолу эскерткен. Кыргыз президенти 25-февралда “Эхо Москвы” үналгысына курган маегинде Транзиттик борбор тууралуу буларды билдирди:

- Президент Обаманын жана Мамлекеттик департаменттин өкүлдөрү менен жолугушууда айтылгандарга караганда, алар чыгыш керектигин түшүнүп калгандай. Анткени жарандык аба майданда аскерий база болбош керек. Мына АКШ менен Ирандын ортосунда кандай кырдаал түзүлүп жатканын карап көрүңүздөрчү. Иранда бир нече миң чакырымга жете турган ракеталары бар. Алар “Манасты” көздөй атып, бирок башка жакка тийиши мүмкүн. Ошондуктан 2014-жылы база болбойт.

Мына ошентип америкалыктар менен базага байланыштуу маселе бир жактуу чечиле тургандай болуп турат.

Москвадагы сүйлөшүүлөрдө “Манастагы” АКШ базасы эле эмес, Канттагы орус аскердик базасынын тагдыры да козголгон. Алмазбек Атамбаев орус тарап төрт жылдан бери ижара акысы үчүн 15 млн. долларга жакын акча төлөбөй жатканына нааразылык билдирген. Ошондой эле Канттагы базаны чыгаруу маселеси да күн тартибине коюлуш мүмкүндүгүн кыйытты.

Москвада Алмазбек Атамбаев Кыргызстандын Бирдиктүү экономикалык аймакка кирүүгө даярдыгын билдирген. Орус тарап да макул. Бирок эми маселени Бирдиктүү экономикалык аймактын калган эки мүчөсү - Казакстан менен Беларус чечүүгө тийиш.

Алмазбек Атамбаев быйылкы жылы Кыргызстан бул уюмга кирип калса мыкты болот эле деген пикирде:

- Мен биз быйылкы жылы Бирдиктүү экономикалык аймакка кирип калышын каалайт элем. Бул абдан жакшы болот эле. Анын ичинде Орусиядагы биздин мигранттар үчүн да.

Кыргызстан менен Орусия мурда жетишилген келишимдерди алдыга жылдыра албайт келатат. Бир да долбоордун башталганы тууралуу маалымат жок. Мына ушул маселе да Москвадагы сүйлөшүүлөрдө көңүл борборунда болгон. Бирок аларды турмушка ашыруу жагы кандай чечилгени белгисиз. Кыргызстан Орусия менен аткарууну белгилеген долбоорлор аркылуу экономиканы көтөрүүгө ниеттенүүдө.

Улуттук 40 долбоорго Карашев менен Оторбаев жооп берет

Долбоорлор демекчи, өкмөт экономикалык багытта 40 улуттук долбоорун даярдаган. Алардын арасында Орусия менен биргеликте аткарууну болжогон долбоорлор да бар.

Кыргыз өкмөтү даярдаган долбоорлор утопиялык мүнөздө экени буга чейин сынга алынган. Ага карабай өкмөт өзүнүн токтому менен 40 долбоордун аткарылышына жоопкер вице-премьер-министрлер бекитти. Маселен, биринчи-премьер-министр Аалы Карашевге Кыргызстан-Кытай-Өзбекстан темир жолу, Ысык-Көл, Ош аэропортторун оңдоо, "Датка-Кемин" электр линиясын тартуу сыяктуу долбоорлорду көзөмөлдөө тапшырылса, Жоомарт Оторбаев финансы багытындагы долбоорлорго көз салат.
Мыйзам баарына тең пайдаланылыш керек. Ошондо нааразычылык болбойт. Мына “Финанскредитбанк”, Улуттук банк жөнүндө бир айдан бери сөз болуп жатат. Оозуна талкан салып алгандай башкы прокурорубуз унчукпай отурат.

Өкмөт чоң үмүт артып турган долбоорлорду “куру кыял” деп атоого негиз бар. Анткени жалпы кырк долбоорду аткаруу үчүн 8 млрд. 300 миллион доллар керек. Кыргызстанда азырынча андай өлчөмдө каражат жок. Ал эмес долбоорлорду каржылоонун булагы да көрсөтүлгөн эмес. Маселен, орто деп эсептелген Ысык-Көл аэропортун оңдоп-түзөө үчүн 69 млн. доллар керек, ал эми Ош аэропортун ремонттоо үчүн 118 млн. доллар керек. Бирок ал каражат кайдан алынары белгисиз.

Бюджеттен каржылоо мүмкүн эмес. Анткени бюджеттин азыркы тартыштыгын жабуу татаал болуп турат.

Өкмөт башчы Өмүрбек Бабанов 24-февралда Оштогу сапары учурунда өлкөдө туруктуулук болсо инвесторлор келет деген оюн айтты. Бирок инвестиция, мыйзамдары тынымсыз өзгөрүп турган, менчикке укук корголбогон Кыргызстанга ишеними тескерисинче кетип баратканын серепчилер белгилешүүдө. Маселен негизги капиталга инвестиция быйылкы жылдын январь айында өткөн жылдын ушул мезгилине карай -7.6%га кыскарып кеткен.

Мына ушундай кырдаалда бийлик үчүн күрөштүн кайрадан күчөшү, анын аймактык мүнөзгө өтүүсү өлкөгө чоң сыноо жаратышы мүмкүн.

Атамбаев: Манас этникалык орусиялык болгон

Орусияда эки күндүк иш сапар менен жүргөн кыргыз президенти Алмазбек Атамбаев 24-февралда орус президенти Дмитрий Медведев менен жолукту.

Ушул эле күнү эртең менен Атамбаев Москванын Достук паркында Манастын айкелинин ачылыш салтанатына катышты.

Орус тарап келечекте Алтай өрөөнүндө да Манастын айкелин ачуу демилгесин айтты. Өз сөзүндө Атамбаев Кыргызстан менен Орусиянын элин жалпы тарых бириктирип тураарын айтып, "азыркы термин менен айтканда, Манас – этникалык орусиялык" деп билдирди.

- Бардык кыргызстандыктар - Энесайдан, таң калычтуусу, окумуштуулардын акыркы ачылыштары боюнча, индеецтер да Алтайдан экенин америкалык окумуштуулар айтып чыгышпадыбы.

Медведев менен жолугушууда коопсуздук маселелери талкууланды. Сүйлөшүү Москванын четиндеги Горки-9 мамлекеттик резиденциясында өттү.

Орус президенти "Ачык айтыш керек, Жакынкы Чыгыштагы, Иран жана Сириянын тегерегиндеги жараяндар биздин регионго, Борбор Азияга түздөн-түз таасир этет. Орусияга өзүнүн жакынкы өнөктөштөрү менен биргеликте аймактагы абалды азыркыга караганда турукташтырууга аракеттерди бириктирүү өтө маанилүү", - деген оюн билдирди.

Атамбаев Медведевге дагы бир жолу тарыхты эске салды:

- Сиз билесизби, Кутузов – Кутуздун баласы, азиаттардын урпагы, Тургенев – Тургандын баласы. Биздин тамырларыбыз бир.

Ал эми 23-февралда Атамбаев орус премьер-министри Владимир Путин менен бейрасмий жолугушту. Анда экономика жаатындагы маселелер талкууланды. Бирок кандайдыр бир так чечимдер кабыл алынган жок.

Москвага иш сапар менен Атамбаев 23-февралда барган. Ошол эле күнү ал Орусияда жашаган кыргызстандыктар менен жолукту.

Тажик мигранттар Путинди колдошот

Тажикстандын Москвадагы элчилиги алдында, 25-ноябрь, 2010

Орусиядагы тажик диаспорасы премьер-министр Владимир Путиндин мыкты колдоочуларынан экени аныкталууда. Мунун себептери эмнеде?

Полициянын кодулоосубу, фирмалардагы кулчулукпу же скинхеддердин чабуулдарыбы, айтор, Каромат Шарипов Орусияда катардагы тажик мигрант туш болгон проблемалардын баарын беш колдой билет.

Москвада тажикстандык мигранттардын укугу бузулган учурларды иликтеп, аларга жумуш таап берген колдоо кыймылынын жетекчиси катары ал кээде ойго келбеген түрдүү баяндарды дээрлик күн сайын угуп жүрөт. Бул өлкөдө 1996-жылдан бери Орусияда жашаган Шарипов Владимир Путиндин 12 жылдык башкаруучулук доорунда тажиктер жана борбор азиялык мигранттардын проблемалары өзгөчө улутчулдук күчөгөн тушта кандайча өзгөргөнүн да билет.

Бирок ушуларга карабай, Шарипов кайра эле Путиндин Кремлге барышын колдойт жана башка мекендештерин да ага добуш берүүгө үндөп жатат. Москвадагы ишканасында өзү отурган жайдагы дубалга премьер-министрдин сүрөтүн илип койгон. Эмнеге?

"Сөздүн жана иштин адамы. Бул жерде ушинтип жазылып турат. Мен Путин тууралуу ушундай эле ойдомун. Ошол эле", - дейт ал.

Жаңы электорат

Шарипов өңдүү Орусиядагы этникалык тажиктин Путинди колдоп жатканы, бир караганда, өөн учурашы мүмкүн. Бирок аналитиктер муну азыр Орусияда жарандык алган тажиктерби же жөн эле мигранттарбы, айтор, чындап эле жалпы тенденцияны көрсөткөн нерсе катары аташууда.

Орус жеринде канча тажик Путинди колдой турганын иликтеген эч кандай сурамжылоо жүргүзүлө элек, бирок Шарипов алардын саны 90% жетет деп ишенет.

Ал өзү да буга салым кошуш үчүн активдүү аракет көрө баштаган. Шарипов 11-февралда тажик диаспорасынын конгрессин өткөрүп, орус жарандыгын алган бүт тажиктерди 4-марттагы шайлоодо Путин үчүн добуш берүүгө чакырды.

Расмий маалыматтарга караганда, азыр Орусияда 700 миң тажик мигранты расмий иштеп жатат деп катталган, бирок укук коргоочулар ар бир расмий катталган мигрантка дагы экиден мыйзамсыз жүргөн мигрантты кошуп эсептеш керек дешет. Шарипов болсо бул өлкөдө азыр мекендештеринин саны эки миллионго жеткенин айтууда.

Алардын Путинге берилгенинде аналитиктер бир нече себеп жатат дешет. Бир чети, дал ушул премьер-министрдин күчтүү лидер катары образы Борбор Азиядагы мамлекет башчыларына окшош. Анын үстүнө, диаспора төбөлдөрү орус жериндеги абалы, иши, статусу да Кремлдин маанайына жараша аныкталаарын түшүнүшөт.

Орусия алгач 12 тажик мигрантын Москвадан Душанбеге депортациялаган, Душанбе 13-ноябрь, 2011
Орусия алгач 12 тажик мигрантын Москвадан Душанбеге депортациялаган, Душанбе 13-ноябрь, 2011
Тажик мигранттарына карата мамиле былтыр ноябрда Тажикстанда орус улутундагы эки учкуч камалганда, ага жооп иретинде Орусиядан жүздөгөн мигрант Душанбеге депортацияланганда кескин начарлап кеткен.

Москвада КМШ институтун жетектеген Андрей Грозин тажик мигранттарынын Путинди колдошконун алардын орус жергесиндеги абалынын кыл учурда тургандыгы менен түшүндүрдү.

"Баарына эле тажик мигранттарынын азыркы абалы жооп деп ойлойм. Алар бийликтерден толугу менен көз каранды экендигин былтыр учкучтарга байланыштуу кризисте көрбөдүкпү", - дейт Грозин.

Ал жаңжалдын учурунда тажикстандык мигранттар мекенине массалык түрдө депортация болот деп ойлошкон. Андай болсо ички дүң продуктусунун жарымына жакыны мигранттар жиберген акчага байланган Тажикстан үчүн бул өтө опурталдуу болмок.

"Кудайдан түшкөн ВВП"

Путинди колдогон тажикстандык мигранттар соңку кездери премьер-министрдин жактоочуларынын митингдеринде да пайда болуп калганы айтылууда. Ал эле эмес, өзүн Толибжон Курбанханов деп тааныштырган бир мигрант Путинди "Кудайдан жиберилген сактоочу" деп атап, ыр да жазып жиберди.

Бул ыр заматта интернет сайттарды аралап, өлкөнүн өзүндө жана сыртында далай талкууга жем таштады.



Москвада көп жылдардан бери мекендештеринин укуктарын коргоп келаткан Гаухар Жураева “Миграция жана укук” деген борбордун жетекчиси. Ал өзү да премьер-министрди колдой турганын билдирди жана муну жөнөкөй эле “прагматикалык мамиле” деп билет.

Москвадагы курулуш фирмаларынын биринде иштеген 33 жаштагы Сирожиддин да өзүн ошол "прагматиктердин" катарына кошот.

"Бул жакта иштеш үчүн мага визанын кереги жок. Мен көп жылдардан бери керек болсо жумушка орношууга уруксатым жок эле иште жүрдүм. Баардык партиялар жана талапкерлердин ичинен биз үчүн Путин гана татыктуу талапкер деп ойлойм", - деди Сирожиддин.

Азырынча президенттик үчүн ат салышып жаткан башка талапкерлер Борбор Азиядан келген мигранттардын көңүлүн алууга көп деле аракет кылыша элек. Алардын ичинде миллиардер Михаил Прохоров Тажикстан менен Орусия ортосунда виза киргизиш керек деген демилгени көтөргөнү белгилүү.

Кара-Сууда өгөйлөнгөн айыл бар

Оштун Кара-Суу районундагы төрт улуттун өкүлү жашаган Тажик маале айылын мында жашагандар "өлкөнүн өгөй айылы" деп коюшат.

100дөн ашык түтүн жашаган кыштакта медициналык пункт, мектеп, маданий борбор, таза суу, жада калса соода дүкөнү да жок. Маршруттук каттамдын жоктугунан балдар 3-4 чакырым жол жүрүп, коңшу айылдагы мектепке барышат.

5-класстын окуучусу Элнура коңшу айылдагы мектепке барып келатат. Өздөрүнүн айылында мектеп жок болгондуктан ал достору менен күндө ушинтип 3-4 чакырым жол жүрөт:

- Мектеп алыс. Коңшу Партсьезд деген айылга барып келебиз. Жолдун жамандыгын айтпаңыз. Чыла, суу, ылай. Кар жааганда жөө ары-бери катташ да кыйын. Барбай койойун десең, программадан артта калып каласың. Кээде жалгыздан барышка туура келет. Ал күндөрү балдар уруп койот, же иттер каап кетет. Кыскасы, бизге мектепке барып-келиш тозоктун эле иши.

Кашкар-Кыштак айыл округундагы Тажик маале айылына маршрут да келсе келет, келбесе жок. Жолдун начардыгынан ал эмес жөнөкөй таксилер да каттабайт. Айыл тургуну Камилжан Досматов:

- Мен 70тен аштым. Ушунча жылдан бери ушул жолдо жөө каттап келатам. Жаш кезде да эч нерсе эмес, азыр минтип таяк таянып калганы эртең менен чыксам ушул эле жерге кечинде жетем. Машине деген каттабайт. Маршруттар болсо келбейт.

Турдумамат Исаков
Турдумамат Исаков
Айылдын башка бир жашоочусу Хатира Маражапова айылда медициналык жайдын жоктугуна кейүүдө:

- Менин 5 балам мектепке каттайт. Кечигип калбасын деп, эртең менен элден бир саат мурун жөнөтөм. Кыштын күнү суукта тоңуп калгандарын айтпа. Анан бизде медициналык поликлиника жок. Бирөө төрөп калса, же ооруп калса кечке жол жүрүп, коңшу айылга алып барышка туура келет.

Тажик маале айылы Кара-Суу районунун Өзбекстан менен чек аралаш жакасында жайгашкан. Кыштакта 131 кожолук жашаганына карабай мында социалдык объектилердин бири да жок. Бийликтерге жардам сурап кайрылышкан менен, анысы азырга чейин майнапсыз. Айыл башчы Турдумамат Исаков:

- Биздин айылда поликлиника жок, аялдар балдарын көтөрүп алышып жөө башка айылдарга барып келет. Анан таза суу жок. Муршрут каттабайт. Магазин жок. Маданий үй болсо такыр эле курулган эмес. Чынын айтканда Кыргызстанда жашап атам дештен деле уялып кетесиң. Өлкөбүз өз жарандары үчүн ушундай шарт түзүп бергенин карабайсыңарбы эми.

Кыштакта кыргыз, өзбек, тажик жана түр улуту болуп төрт эл аралаш отурукташкан. Айылдагы көйгөйлөргө карабай бул жердегилер ынтымакта жашайт. Айыл тургуну Абдрасул Халилов:

- Улут аралык ынтымак боюнча биздин айылга эч ким жетпейт. Мына өзбек, кыргыз, тажик жана түрк болуп аралашып жашайбыз. Тоюбуз да бир, оюбуз да бир, көрүстөнүбүз да бир. Ошол көйгөйлөрдү эле эске албаганда талаша турган эч нерсебиз жок. Өткөн жылкы тополоңдо да айылды чогуу коргоп калганбыз.

Ошентсе да Тажик маале айылындагылар бийликтен үмүттөрүн үзүшө элек. "Көп нерсени сурабайбыз, бизге кадимки жашоого ылайыктуу эле жөнөкөй шарттарды жаратып берсе болду" дешет алар.

Өзбек диниятчысынын ок жеши Ташкенттин буйрутмасыбы?

Өзбекстандык таанымал диниятчы Швецияда ок жеди. Белгисиз бирөөлөрдөн ок жеген Абыд кары Назаров оор жаракат алып ооруканага түштү.

Расмий Ташкенттин куугунтугуна кабылган диниятчынын өмүрүнө кол салынышы ар кандай жоромолдорго жем таштоодо.

Окуя 22-февралда Швециянын Стромсунд шаарчасында болду. 53 жаштагы Абыд кары Назаров түш ченде, бешим намаздан кайтып келе жаткан кезде өзү турган көп кабаттуу үйдүн жанынан ок жеген.

Диниятчынын жакындарынын айтымында, аны күтүп турган белгисиз адам абдан жакын аралыкка келгенде, үч -төрт ирет ок чыгарган. Жаракат алган имам жардам сурап, кыйкырган кезде небереси чуркап чыгып, ок аткан адам качып кетүүгө үлгүргөн.

Швециянын Стромсунд шаарчасында Абыд кары Назаров жашаган жер.
Швециянын Стромсунд шаарчасында Абыд кары Назаров жашаган жер.
Өзбекстандык диниятчынын өмүрүнө кол салуу фактысы боюнча бейшембиде Эстерсунд шаарында швед полициясы басма сөз жыйын өткөрдү. Ага катышкан журналист, Швециянын коомдук радиосунун кабарчысы Йоханна Вактолдун “Азаттыктын” өзбек кызматына айтканына караганда, полиция бул кылмышка шектүүнү таба элек:

- Алар ок жеген адам Өзбекстандан келгенин, диний лидер, имам экендигин ырасташты. Ал башына кеминде бир ирет ок жеген. Полиция ок бир нече жолу атылганы жөнүндө эч нерсе айтпады. Ок жеген адам ооруканада, ал өтө оор жаракат алган. Азыркы учурда полицияда алар шек санаган адам жок.

Журналист Йоханна Вактол кошумчалагандай, швед полициясы кылмыш жасалган аймактан тапанча табылганын да маалымдады. Бирок тапанчанын добуш өчүргүчү болгон деген мурдагы маалыматтарды ырастаган жок. Оор жаракат алган имам учурда Умея шаарындагы ооруканада жатат.

Өмүрүнө кол салынган Абыд кары Назаров деген ким? Өзбекстандык көз карандысыз саясат таануучу Камоллидин Рабимов:

- Абыд кары Назаров 1990-жылдары, 1996-жылга чейин Ташкенттин борбордук мечиттеринин биринин имамы болгон. Ал жылдары абдан таасирлүү имам эле, азыр деле ошондой бойдон калууда. Өзбекстандын бийликтери аны экстремизм, атүгүл жихадчылык боюнча айыптап жүрөт. Бирок мен имамдын маалымат чөйрөсүндөгү ишине байкоо салып келе жатам. Ал, биринчиден, жихадчылыкка эч качан чакырган эмес. Экинчиден, өзүнүн интернеттеги сайтында мусулмандар Усама бин Ладендин жолун жолдобошу керектиги тууралуу бир канча жолу айткан. Ал исламдык ой жүгүртүүнү өнүктүрүүнүн тынч, ырааттуу, ошол эле учурда ургалдуу жолун карманган.

Абыд кары Назаров он төрт жыл, башкача айтканда, 1998-жылдан бери бозгунда жашайт. 1998-жылдан тарта коңшу Казакстанда баш калкалап жүрсө, 2006-жылы Бириккен Улуттар уюмунун Качкындар иши боюнча жогорку комиссариатынан качкын макамын алгандан кийин Швециядан башпаанек тапкан.

Эми анын өмүрүнө Европадан кол салынышы түрдүү жоромолдорго жем таштады. Адегенде эле сакалчан диниятчы швед улутчулдарынын бутасы болдубу деген суроо жаралбай койгон жок.

Имамдын өмүрүнө кол салынышы жөнүндө жергиликтүү басма сөзгө жазган швед журналисти Торд Андерссон uznews.net жаңылыктар сайты менен маегинде ал мындай ойдо эместигин белгиледи.

Немец парламентинин депутаты Виола вон Крамон.
Немец парламентинин депутаты Виола вон Крамон.
Ал эми немис парламентинин Жашылдар партиясынан шайланган депутаты, Бундестагдын Германия-Борбор Азия тобунун жетекчиси Виола вон Крамон кол салуунун саясий жүйөлөрүн иликтөөгө чакырды.

Немис парламентарийинин пикиринде, эгер бул кол салууга Өзбекстандын атайын кызматтары тартылган болсо, Евробиримдик тараптан чечкиндүү саясий жооп болушу керек.

Ташкентик саясат таануучу Камоллидин Рабимов кол салуу Өзбекстандын атайын кызматтары тарабынан уюштурулду деген ишенимде:

- Жүз пайыз ишенимдемин - бул режимдин колунан келген иш. Улутчулдар же башкалар эмес, режим эле. Эмне үчүн? Анткени менимче Каримов өзү кетер алдында өзбек коомчулугун ал кеткенден кийин коомдун жүрүм-турумуна жана ой жүгүртүүсүнө таасир бере ала турган адамдардан тазалоону чечкендей. Абыд кары Назаров - өзбек оппозициясында да таасирлүү адам. Бирок ал оппозициянын диний канатын башкарган, саясатка кийлигишкен эмес. Диний аброюн саясий максатта пайдаланган эмес. Болгону диний насыяттары менен өзбек бийликтерин чыңалткан абалды жараткан. Себеби өзбек бийликтери ислам экстремизми же терроризм менен эле эмес, динчилдиктин деңгээли менен күрөшүп жатышат. Күрөштөгү максат - ислам дини эмес, динчилдиктин деңгээли. Мечиттер, имамдар иштей берсин, бирок алар мамлекеттик структураларды, мамлекеттик бийликти, Каримовдун легитимдүүлүгүн бекемдөөсү керек.

Абыд кары Назаров буга чейин өзү да ага өзбек бийликтери таккан айыптарды такай четке кагып келген. Ал "Азаттыкка" курган маегинде Каримовдун бийлиги Исламга карата "адилет" мамиле кылбай, мурдагы советтик замандагы жектөөнү улантып жатканын сындаган. Имамдын ырастоосунда, өкмөттүн басымына моюн бербей койгон соң, бийлик аны Өзбекстандагы эң коркунучтуу вахаби катары көрсөтүп, "террорчуга" айланткан.

Абыд кары Назаров ошондой эле өз жолдоочулары менен бирге Өзбекстанда ислам мамлекетин түзүүгө аракеттенген деген айыптарды четке каккан. "Биз адам укуктарын урматтаган жана диний эркиндик сакталган коомду каалайбыз", - деп айткан имам "Азаттыкка".

Швецияда өзбек имамга кол салуу болду

Швециянын Стромсунд шаарында Обидхон-Кары Назаровду белгисиз бирөөлөр атып, имам оор жарадар болду.

“Азаттыктын” өзбек кызматына имамдын жакындары билдиргендей, Обидхон-Карыга 3-4 ок тийген, учурда ахвалы салмактуу.

Обидхон-Кары Назаров Швецияда 2006-жылдан бери саясий качкын макамында жашайт. Өзбек бийликтери аны диний экстремизм менен террорчулукка айыптап, кармоого буйрук бергенде Ташкенден качып чыккан. 1998-жылдан тарта 8 жылдай үй-бүлөсү менен Казакстанда жашырынып жүргөн.

1990-жылдардын башында Обидхон-Кары Борбор Азиядагы таасирдүү динаятчылардын бири болгон. Азыр дагы анын он миңдеген жолдоочулары бар. Имамдын коомдогу салмактуу бедели өз кезегинде президент Каримовдун бийлигине жаккан эмес. Ал кийинчерээк башкаруучу режимдин таасирдүү саясий оппонентине айланган.

Саясий качкын катары чет өлкөдө баш калкалап жүргөндө Обидхон-Кары Өзбекстандагы демократиялык реформаны жактаган секулярдык, оппозициялык лидерлердин бирине айланган.

"Азаттыктын" өзбек кызматына берген маегинде Каримовдун бийлиги Исламга карата "адилет" мамиле кылбай, мурдагы советтик замандагы жектөөнү улантып жатканын сындаган. Имамдын айтымында, өкмөттүн басымына моюн бербей койгон соң, бийлик аны Өзбекстандагы эң коркунучтуу вахаби катары көрсөтүп, "террорчуга" айланткан.

Назаров ошондой эле өз жолдоочулары менен бирге Өзбекстанда Ислам мамлекетин түзүүгө аракеттенген деген айыптарды четке кагат. "Биз адам укуктарын ураматтаган жана диний эркиндик сакталган коомду каалайбыз", - деп айткан имам "Азаттыкка".

Укук коргоочу: Өзбекстанда молдолор да пара алат

Никеге турган жаштар мечиттен чыгып келатышат, Хива, Өзбекстан

Өзбекстанда диний кызматкерлер коррупцияга малынгандыгы тууралуу иликтөө жарык көрдү.

"Көз карандысыз укук коргоочулардын демилгечи тобу" деп аталган уюм таркаткан билдирүүдө Өзбекстанда муфтият да, исламдык университеттин окутуучулары менен студенттери да, мечиттерде молдолор да коррупциялашып кеткендиги айтылат.

Уюмдун төрагасы, белгилүү укук коргоочу Сурат Икрамов аткаминерлерди чырмап алган ачкөздүк исламга кызмат өтөгөндөрдү да четте калтырган жок дейт.

Икрамовдун айтымында, иликтөөгө Ташкендеги «Имам Бухорий» атындагы Исламдык университеттин студенти Илхом Усмановдун арызы түрткү болгон.

Президент И. Каримов (солдо) Ташкендеги Исламдык университетинде, 2009-ж.
Президент И. Каримов (солдо) Ташкендеги Исламдык университетинде, 2009-ж.
Өзбекстанда бардык диний окуу жайларда акы төлөп окушат. Ошого карабастан Усманов окууга өтүш үчүн 4 миң доллар пара берген. Бирок параны ректордун өзүнө эмес, анын орун басарына берип, калпыстык кетирген.

Анын кесепетинен окуу жайда ага адам чыдагыс мамиле жасашкан. Ректор Хайдархон Юлдашкожаев өзү Илхомду сабактан кууп чыккан учурлар болгон. Кийин аны такыр эле лекцияга киргизбей, 4 миң долларды төлө деп ачык эле коркутушкан.

Укук коргоочу бул диний окуу жайлардагы паракорлук кадыресе университеттердегиден айырмаланбайт дейт:

- Адатта тааныштар аркылуу жасалат. Бирөө ректорду, экинчиси проректорду, дагы бири мугалимди тааныйт. Ошолорду ортого салышат. Аларга белгилүү сумма төлөнөт.

Балким Усманов окуй албай, амалданып, пара сурайт деп ойлоп чыгарган болушу мүмкүн. Бирок укук коргоочунун сөзү боюнча, Усманов сабаттуу студент, 2008-жылы Ташкендеги «Куколдаш» медресесин бүтүрүп, Сурхандарыя обласындагы мечиттердин биринде иштеп келген.
Молдо акы албайт, алса жардыларга берет ...
Сурат Икрамов...



"Биз анын башына түшкөн мүшкүлдү укканда айран таң калдык", - дейт Сурат Икрамов.

Ал кесиптештери менен Исламдык институтта студенттер менен окутуучулардын арасында жабык сурамжылоо жүргүзүшкөн. Анын натыйжасында студенттердин басымдуу бөлүгү окууга тапшырганда 4 миң доллардан пара беришкенин айтышкан. Алтургай окууга өткөндөн кийин да пара берип окугандар бар. Бир да жолу окууга келбестен, такай "эң мыкты" деген баа алышат.

Усманов муфтиятка бир нече жолу кайрылган, бирок анын маселесине эч ким кызыккан эмес. Ал эми 29-январда ага эки бейтааныш адам келип, кекиртегине бычак такап, Ташкенден кетип калуусун талап кылышкан.

Алты ай ичинде жүргүзүлгөн иликтөөнүн натыйжасында Икрамов жана анын кесиптештери нике кыйуу, куран түшүрүү, баланы отургузуу жөрөлгөлөрүндө молдолор той же аш ээсинен 100дөн 500 долларга чейин акы алаарын да аныкташкан.

Сурат Икрамов Ташкендеги кеңсесинде
Сурат Икрамов Ташкендеги кеңсесинде
Икрамов молдо-имамдардын диний ырым-жырымга акча алган шариятка туура келбейт, ошондуктан бул паракорлуктун бир түрү деп эсептейт:

- Исламда буга жол берилбейт. Мен бир канча араб өлкөлөрүндө болгом, алар бизди (Өзбекстандык мусулмандарды) сындашат. Молдо, имамдар коомдук кызматкерлер. Алар дүкөндө соода жасап, же бир жерде иштешет. Ал эми бош убагында же керек болгондо куран түшүрүп, намазга баш-көз болушат, же шариятты чечмелеп беришет. Бул акча төлөнбөгөн коомдук иш болушу керек. Ал эми соопчулукка же зекетке акча түшсө, аны кедей-кембагалдар арасында бөлүштүрүштөрү керек.

Советтик доордо Кыргызстандын мусулмандар кеңсеси Ташкенде жайгашкан Орто Азия жана Казакстан башкармалыгына баш ийчү. Икрамов өзү жетектеген уюм азыр Өзбекстанды гана камтыган башкармалыктагы жана диний окуу жайлардагы динге шайкеш келбеген иштер тууралуу биринчилерден болуп жазып чыгышканын белгиледи.

Башкармалык уюмдун билдирүүсүн жоопсуз калтырган эмес, бирок коюлган айыптарга так жооп берген жок. Ошол эле мезгилде автору жазылбаган катта диний өкүлдөр көрсөткөн кызматтары үчүн акы алаары бышыкталды:

- Алар молдо-имамдар акы алаарын моюнга алышыптыр. Бирок мен айткандай 100-500 доллар эмес, 10-15 миң өзбек сомун алышат деп жазышыптыр. Бирок жок дегенде муну моюнга алышыптыр.

Анын аралыгында укук коргоочулардын кайрылуусуна карабастан, Ислам университетинин студенти Илхом Усманов дагы деле окуусуна кайтып келе элек.

Икрамовдун айтымында, азыр эми анын мамлекеттик кызматта иштеген атасы аркылуу кысым көрсөтүп, "университеттин жетекчилигине каршы арызыңды кайтарып ал" деп жатышат.

“Атам Skype аркылуу батасын берди…”

Бишкекте 2011-жылдын 7-майында 20 түгөйдүн тою бир күндө өткөн.

Сыртта жүргөн кыргызстандык жаштар үйлөнүү үчүн атайын Кыргызстанга барып көп чыгым болбой эле өздөрү жашаган шаарда чакан үлпөт той өткөрүп, баш кошуп жатышат.

Интернеттеги "Фейсбук" барагы аркылуу чет өлкөдөгү журтташтардан үйлөнүү тойлору тууралуу сураганыбызда бир топ жооптор келди. Америка, Германия, Италия, Орусия, айтор чет өлкөдө жүргөн кыргызстандык жаштардын арасында бири-бирине баш кошуп, сарамжалдуу той кылгандар саны абдан көп экен.

“Азаттыктын” Германиядагы туруктуу окурманы Раида Баймонкоева:

- Менин Эркин жана Нурзат аттуу досторум Германияда үйлөнүп, никеси немис тилинде кыйылды. Кыргызстандагы тойлор сыяктуу жылкы, уй, кой союлбай эле студенттер өзүбүзчө чакан той өткөрүп койдук.

Эркин Рыспеков жан Нурзат Стамова
Эркин Рыспеков жан Нурзат Стамова
Раиданын айтканынан улам кызыгып, “Азаттык” дал ошол Германияда үйлөнүү тоюн өткөргөн таластык жигит Эркин Рыспековго телефон чалды. Эркин Гамбург шаарындагы тоюн студенттик жатаканада эле өткөрүп, тойго 100 евро, же болбосо алты миң сомдун тегерегинде гана акча коротконун айтты:

- Бул жакта түрк молдолор бар. Ошолорго нике кыйдырдык, анан элчилик документтерди берди. Тааныштарды чакырып, элчиликте чай берип, балким элчи өзү келиши мүмкүн. Швед столу деп койот го, ошондой дасторкон жайсаң аз эле акча кетет. Студенттик жатаканага отуздай досум келген, жүз еврого баары бүткөн.

Москвадан жазган Расул Калбаев Москвада үйлөнгөн жаштар Бишкектегидей эле “Хаммер”, “Крайзлер” сымал акыркы үлгүдөгү кымбат унаалар менен шаар айланышаары салтка айланып баратканын айтты. "Москвадагы Жеңиш паркы, Кызыл аянтта ак калпак кийип чогулган жаштарды башка туристтер таң калуу менен менен карашат" дейт Расул Калбаев.

Америкада иштеген кыргызстандык Бакыт да Нью-Йорк шаарында кыргыз кызына баш кошуп, мусулмандардын мечитин таап нике кыйдырды. АКШда той берип жаткан уул-кыздын ата-энелери Кыргызстанда бир убакытта чогулушуп, Skype аркылуу батасын беришкен:

- Сүйсөң кайсы жерде болсо деле үйлөнө бересиң да. Мен Нью-Йоркто 80 адам чакырдым. Келинчегимдин ата-энеси, менин ата-энем бир убакытты белгилеп алып, бизди "Скайп" аркылуу куттуктап, батасын беришкен. Америкада эле балалуу болдук.

Орусиядагы кыргыздардын тойлору бир аз өзгөчө өтөт экен. Колунда барлары Кыргызстандан алып баруучу, ырчы бийчилерди акча төлөп чакырышат. Нурбек Бойтоев Москвадагы тойлорду мындайча сүрөттөдү:

- Москвада үч досум үйлөнүп ЗАГСка чыктым. Бул шаардагы тойлор кадимкидей эле Кыргызстандагы тойлордон айырмаланган жок. Кыргыз кафелери, ресторандары жамгырдан кийинки козу карындай көп, тойдо көп чыгым жок, кээ бир салттарды колдонбойбуз.

Кореядан байланышка чыккан окурманыбыз Алвина Өмүрзакова бул өлкөдө кыргыз жаштары өз ара макулдашып, Кыргызстандагы ата-энеси ошол жактан эле куда түшүп барып, эки жаштын үйлөнгөнүн өздөрүнчө белгилеп, алыстагы жаштар тойду өзүнчө белгилеп койгон учурлар көп болоорун жазды.

Фергана.ру: коопсуздукпу же коркутуубу?

Кыргызстанда орус тилдүү Фергана.ру интернет порталы жарым-жартылай жабылды. Порталдын өкүлдөрү муну сөз эркиндигине кысым катары баалашууда.

Кыргыз парламенти 2010-жылдагы улут аралык кагылышта аталган портал улуттук кастыкты козуткан деген тыянак чыгарган эле.

Кыргызстанда "Кыргызтелеком" ишканасы аркылуу интернетке кирген окурмандар үчүн 21-февралдан тартып орус тилдүү Фергана.ру сайты жабылды. Бул маалыматты аталган мекемеден тастыкташты.

Ишкананын директору Аскар Баратбаевдин айтымында Фергана.ру Жогорку Кеңештин июнь айындагы токтомун аткаруу иретинде өкмөттүн алдындагы байланыш агенттигинин жардыгы менен жабылды:

- Бизге өкмөттүн алдындагы байланыш агенттиги “бул сайтты жапкыла” деген тапшырма берди. Мына ушул тапшырманын негизинде жаптык. Бирок биз өзүбүздүн колдонуучуларга интернет мейкиндикте бул сайтты ачылбагандай кылып койдук. Башка провайдерлерде ачылып эле жатат.

Өткөн жылдын жайында Жогорку Кеңеш 2010-жылдагы улуттар аралык кооганы иликтөөгө алган депутаттык комиссиянын бүтүмүнө таянып, Фергана.ру сайтынын kg мейкиндигин чектөө тапшырмасын Башкы прокуратурага жөнөткөн.

Депутаттар Фергана.ру сайтын июнь окуялары учурунда улуттар аралык кастыкты козуткан макалаларды жарыялаган деп айыпташкан. Бул тууралуу аталган депутаттык комиссиянын төрагасы Токон Мамытов:

- Июнь окуяларын иликтөөнүн жыйынтыгын талкуулап жаткан учурда бул сайтта Кыргызстан жөнүндө жүргүзүлүп жаткан саясат жөнүндө, Ош окуясына шек келтирген терс макалалар сайтка жарыяланып жатат деген бир катар депутаттардын сунушу менен дал ушундай чечим кабыл алынган.

Депутаттар бул порталга бөгөт коюу тапшырмасы берилген соң деле Башкы прокуратура бул тапшырманы аткарууга техникалык мүмкүнчүлүк жок экенин жар салган. Ошентсе да 8 ай өткөн соң мамлекеттик “Кыргызтелеком” ишканасы анын кызматынан пайдалангандарга гана бөгөт коюп отурат. Ал эми өлкөдөгү калган 70ге жакын интернет таратуучу ишканаларда Фергана.ру сайты ачылы жатат.

Кыргызстандагы мындай чектөөнү Фергана.рунун жетекчилиги сөз эркиндигине кысым катары баалап жатат. Порталдын башкы редактору Даниил Кисловдун айтымында, өкмөттүн алдындагы байланыш агенттигинен Фергана.рунун эмне үчүн жабылганы тууралуу түшүндүрмө бере элек. Ошентсе да Кислов сайттын улуттар аралык ынтымакты ыдыратып, улуттук коопсуздукка коркунуч келтирет деген шылтоолор менен жабылышын осол иш катары баалоодо:

- Фергана.руну улуттук коопсуздукка коркунуч келтирди деп жаап салуу осол иш болуп калды. Ушул кичинекей, жеке сайт кантип эле улуттук коопсуздукка коркунуч келтирсин? Биздин альтернативалуу маалымат бергенибиз бийликке жакпай жатат.

БУУ интернетке кирүү укугун адам укуктарынын негизгилерине киргизгенин эске салган Кислов эми Кыргызстандын демократтык беделине доо кетет деп кошумчалады:

- Бул окуя дүйнөлүк аренада Кыргызстандын кадыр-баркына шек келтириши мүмкүн. Себеби бүткүл дүйнө Кыргызстанга чоң үмүт артып, Борбор Азиядагы биринчи парламенттик өлкөдөн көп нерсени күтүп жаткан. Бул окуядан coң алар революциядан кийинки бийликтин эркин булактарды чектеп жатканына таң калуу менен караса керек. Бул демократия өнүгүп жаткан Кыргызстандын образына төп келбей жатат.

Бул окуя коомчулукта ар түрдүү кабылданууда. Медиа адистер бул чечимди кескин сынга алып, Кыргызстанда интернет цензураны орнотуу аракети башталганын айтып чыгышты. Медиа эксперт Бегайым Үсөнова кыргыз бийлигинин атайын экспертиза аркылуу Фергана.руга жарыяланган макалалардын мазмунун текшербей туруп, жаап салганын сындайт:

- Жогорку Кеңеш үстүрттөн чечим кабыл алып койду. Мындай чечимди кабыл алып жатканда конкреттүү түрдө эмне үчүн ушул сайтты жабыш керек деген суроого жооп табылган жок. Лингвистикалык же башка бир экспертиза, көз карандысыз мониторинг жүргүзүлгөн жок. Ошондуктан мындай далилденбеген чечимдин аткарылышы туура эмес болуп калды.

Фергана.руга тыюу салынган учурда кg домендүү эки сайт - “Дизель” менен “Парусту” жабуу демилгесин көтөрүп, бул сайттарда улут аралык мамилени козутчу маалыматтар тынбай жарыяланганын жар салган депутат Турсунбай Бакир уулу алынган чечимдин аткарылышын кубаттаарын билдирүүдө:

- Мен Фергана.руну жабууну сунуштаган кесиптештеримди түшүнөм. Мен ал учурда Парус.кг менен “Дизел форумду” кошком. Себеби бул сайттарда Кыргызстанда жашап жатып кыргыз улутуна каршы сөздөр айтылып жатат. Ага жооп беребиз деп орус, өзбек улутуна асылуу болуп жатат. Ушунун баарын эске алып туруп токтомго киргизгенбиз. Эгерде биз буларды көзөмөлгө алып, тизгинин тартпасак согуш чыгып чоң балээге алып келиши мүмкүн.

Ал ортодо кыргыз бийлигинин Фергана.руга бөгөт коюу чечимин эл аралык уюмдар да сынга ала баштады. Баш кеңсеси Парижде жайгашкан “Чек арасыз кабарчылар” уюму бул окуяга кабатырланууcун билдирди.

Казакстан: 5 адам куралдуу топ түзгөн деп айыпталды

Террорчу деп айыпталгандар: Асылбек Оралбеков, Мейрамбек Мейрамбаев, Сарсенбек Баймуратов, Нурбек Өксикбаев, Галымжан Ескалиев сот залында.

21-февралда Казакстандын Ак-Төбө облусунда жергиликтүү беш тургун террорчулук кылды деп айыпталып, түрдүү мөөнөткө соттолду.

Алар былтыр 29-июлда Ак-Төбө облусунун Кызыл Жар поселогунда исламчыл куралдуу топко каршы өткөрүлгөн операция учурундагы жардырууга байланыштуу кармалган эле. Жардыруудан исламчыл деп шектелген топтун эки мүчөсү жана бир полициячы курман болгон.

Ак-Төбөдө соттолгон беш казак жараны мыйзамсыз куралдуу топ түзгөн жана былтыр июлда Кызыл Жар поселогунда болгон жардырууга күнөөлүү деп табылды. 29-июлда поселокто коопсуздук күчтөрү куралдуу топко каршы операция өткөрүп жатканда жарылган бомбадан исламчы деп шектелген эки адам жана полиция кызматкери жайран болгон.


21-февралда Ак-Төбө облусунун райондор аралык соту сөз болуп жаткан топтун ана башы, 20 жаштагы Асылбек Оралбековду Кылмыш кодексинин төрт беренеси боюнча 13 жылга катаал режимдеги колонияда жаза мөөнөтүн өтөсүн деп өкүм чыгарды.

Өкүмдү окуган судья Шапагат Алнияз беш айыпкерди “радикалдуу ислам багытындагы чакан аскерий топтун мүчөлөрү” деп атады.

Калган төртөө беш жылдан сегиз жылга чейин эркинен ажыратылганын “Азаттыктын” казак кызматынын кабарчысы Жаңагүл Жүрсүн кабарлады.

Бул иш боюнча бардыгы 12 адам кармалган эле. Алардын жетөө айыбын мойнуна алып, тергөөгө жардамдашканы үчүн жоопкерчиликтен бошотулганы сотто маалымдалды.

2010-жылдын май айында Асылбек Оралбеков башында уюшулган топтун максаты мусулмандарды бийликке каршы согушка чакырып, мүдөөсүн ишке ашыруу үчүн каруу-жарак да камдаганы сотто айтылды.

Соттолгондордун экөөнүн адвокаты Төлөгөн Молдобаев өкүмгө ынанбаганын жана азырынча өз кардарлары менен сүйлөшө элегин билдирди.

Казакстандык серепчи Айдос Сарымдын айтымында, ислам экстремизми деп аталган сот иштерине жарандык коом өтө кылдат мамиле жасоого тийиш, себеби милиция жана сот кызматкерлеринин диний билими терең эмес.
Серепчи ошол эле учурда экстремисттик уюмдарга алдангандарды чет өлкөдөн атайын максат менен келген исламчылардан бөлүп кароо керек дейт. Анткени абакта исламчылар максатынан кайтпайт, ишмердигин токтотпойт.

Өткөн 2011-жыл Казакстанда исламчыл уюмдардын жандандуусу байкалды. Май айында пайда болгон “Халифаттын сарбаздары” уюшмасы Казакстанда Ислам динин жайылтуу үчүн бел байлаганын жана коомдук жайларда мусулмандардын намаз окуусуна тыйуу салууга каршы аракеттенерин ачык шарданалаган.

Сарбазчылар 31-октябрда Атырау жана 12-ноябрда Тараз шаарларында болгон жардыруулар үчүн жоопкерчиликти өздөрүнө алган. Тараздагы калабада беш полициячы жана эки жолоочу курман болгон. Мына ушундан кийин бийлик “Жунд ал-Халифа” (Халифаттын сарбаздары) уюмун мыйзамсыз деп жарыялаган.

Октябрда “Казак мужахиддини” деген куралчан топ да мусулмандарды жихадка үндөгөн тасманы интернетке жайгаштырган.

Бир катар серепчилер, анын ичинде алматылык Досым Сатпаев жумушсуз жаштар экстремисттик уюмдарды ээрчип кетип жатат деп боолгойт. Анын баамында, президент Назарбаев да оппозициячыл күчтөрдү Өзбекстандагыдай кысмакка алып жатып, экстремисттерге кошулганга арагасыз кылууда.

АКШнын наркопланына Орусия каршы

Апийим гүлдөгөн кез.

Орусия Кошмо Штаттардын Борбор Азияда наркосоодага каршы күрөшүү боюнча жаңы планына каршы чыкты. Маалыматтарга караганда, Москва аймактын беш өлкөсүн да америкалык долбоорду колдобоого ынандыра алгандай. Талдоочулар мунун Орусиянын Борбор Азияда АКШнын таасири артуусунан сактануусу катары баалоодо.

Вашингтон “Борбор Азиянын антинаркотикалык демилгеси” деп атаган долбоордо Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, Түркмөнстан, Тажикстанда атайын ыкчам топторду уюштуруу жана ал топтор өз ишин Ооганстан менен Орусиянын тиешелүү мекемелери менен координациялоосу каралган.

Долбоор боюнча ар бир өлкөнүн наркозаттарга каршы күрөшүү мекемелеринен жыйырма бештен адам кире турган атайын топтор АКШ тарабынан жетектелип, өз ара маалымат алмашып турушмак, чек аралардагы операцияларды координацияламак, наркосоодагерлерге каршы козголгон кылмыш иштерин иликтешмек.

Мамлекеттик катчынын орун басары Уильям Бернс жана мамкатчынын укук тартиби жана наркозаттарга каршы күрөшүү маселелери боюнча жардамчысы Уильям Браунфилд баштаган америкалык делегация бул планды өткөн жумада Венадагы эл аралык форумда сунуш кылышкан.

Бирок америкалык тараптын сунушуна чейин Борбор Азиядагы өнөктөштөрү менен түшүндүрүү иштерин жүргүзгөн Орусия аларды долбоорду кабыл албоого ынандыра алгандай.

Маселеге тиешеси бар америкалык чиновниктердин бири Венадагы жыйындан кийин вашингтондук делегация келишимге жетише албаганын, бирок алардын демилгеси четке да кагылбаганын ырастады.

Бирок америкалык чиновник ага катар жолугушуунун жыйынтыгы алар үчүн күтүүсүз болгонун да кошумчалаган.

Мамкатчынын жардамчысы Уильям Браунфилд планга колдоо алуу максатында былтыр жана Венадагы жыйын алдында аймакты кыдырып келген эле.

Мамлекеттик департаменттин укук тартиби жана наркозаттарга каршы күрөш бюросунун расмий өкүлү Сьюзан Питтмандын “Азаттык” радиосуна айтканына караганда, Венада сунушталган план боюнча сүйлөшүүлөр алдыда улантыла берет:

- Биз Борбор Азиянын расмий өкүлдөрү менен атайын топторду түзүү жана наркозаттар менен каршы күрөштө АКШ көргөзө алуучу жардамдарды талкуулоону улантабыз.

Орусиянын жүйөөсү

Орус расмий өкүлдөрү маселени комментарийлей элек болсо да Москванын туруму “Коммерсант” басылмасында чечмеленген. Басылманын өз булактарына таянып жазганына караганда, негизги көйгөй АКШ түзүүнү көздөгөн атайын топтор менен байланыштуу.

“АКШнын пикири боюнча алар кеңири ыйгарым укуктарга ээ болуусу, эң башкысы Борбор Азия өлкөлөрүнүн атайын кызматтарына, күч органдарына түшкөн оперативдүү жана жашыруун маалымттарды ала алуусу керек. Москва бул АКШга сезимтал маалыматтарды топтоого жана ошол маалыматтардын жардамы менен аймактын бийликтерине шантаж жасоого мүмкүндүк берет деп кооптонот”, - деп жазат “Коммерсант” басылмасы.

Ысымы аталбаган, бирок “Коммерсант” шилтеме жасаган орусиялык расмий өкүлдөр жаңы планды “Борбор Азияга кирүүнүн жана АКШнын аймактагы аскерий-саясий таасирин күчөтүүнүн аспабы”, деп мүнөздөө менен “Жамааттык коопсуздук келишими уюмунда структуралар болсо жаңысын түзүүнүн кандай кажети бар. Эгер наркотрафикке каршы чындап күрөшүүнү кааласа, америкалыктар ага эмне кошулушпайт”,- деп суроо салышкан.

АКШ Мамлекеттик катчысынын жардамчысы Уильям Браунфилд былтыр июлда “Азаттык” радиосуна курган маегинде жаңы план азыр иштеп жаткан структураларды алмаштырбастан толуктай тургандыгын айткан эле.

Ал ошондой эле АКШ баштаган НАТО күчтөрүнүн 2014-жылы Ооганстандын кетиши менен наркотрафик боюнча кырдаал курчуй турганын эске алганда, план Вашингтон менен Москванын аймактагы таасир үчүн талашынын төө бастысында калбай күтөрүн белгилеген. Америкалык дипломаттын ырастоосунда, жаңы демилге АКШнын да, Орусиянын да кеңири катышуусун талап кылбайт. Бирок бул аргументтер Орусияны ынандырбагандай.

"Эки кочкордун башы бир казанда кайнабайт"

Орусия кезинде АКШны Ооганстандан чыккан наркоагым менен күрөшүүгө олуттуу көңүл бурбаганы үчүн сынга алганын, эми болсо анын долбооруна каршы чыкканын эске салган байкоочулардын пикиринде, бул Вашингтон ооган апийимине каршы күрөштү Борбор Азияда, ал эми Орусия Ооганстандын өзүндө жүргүзүүнү каалоосун көргөзүп жатат.

Бул маселеде алардын ортосунда пикир келишпестик бардыгын “Азаттык” менен маегинде Кыргызстандын наркозаттарга каршы күрөшүү агенттигин 2007-2009-жылдары жетектеген генерал Болотбек Ногойбаев да белгиледи:

- Эки кочкордун башы бир казанда кайнабайт дегендей АКШ, Орусия бири-бирине моюн бербей жатышпайбы. Тигилер чогултса булар келбейт, булар чогултса тигилер келбейт. Барышса да бири-бирин жактырышпайт. АКШ менен Орусия мамилелерин чечише албаганынын таасири Борбор Азияга тийүүдө. Өзгөчө Кыргызстан менен Тажикстанды (наркозаттарга каршы күрөшүү маселесине келгенде) футбол ойногондой эле кылышты.

Ал эми Вашингтондогу Хадсон институтунун аскерий-саясий анализ борборунун башчысы Ричард Вайц Орусиянын АКШ планына каршылыгын анын Борбор Азияда кандай ролу болбосун ага ишенбөөчүлүгү тереңдигине байланыштырат:

- Бул Орусия Ооганстандагы согуштан кийин АКШнын Борбор Азияда турушунан өзүн мурдагыдай эле коомай сезерин күбөлөндүрүп турат. Таң калыштуусу Орусия АКШ жана эл аралык коопсуздук күчтөрү ооган наркотрафиги менен күрөштү ойрон кылышты деп эң көп даттанганы.

БУУнун башкатчысы Пан Ги Мундун Венадагы жыйында айтканына караганда, Ооганстандын апийим экспортунун тапкан жылдык кирешеси 2,4 миллиард долларга жетиши мүмкүн. Бул өлкөнүн Улутук дүң өндүрүшүнүн 15% дегендик.

БУУнун соңку изилдөөлөрүнүн бири Орусия жан башына эсептегенде ооган героининин эң көп керектөөчүсү экендигин көргөзгөн. Өлкөдө наркозаттарды колдонуудан жылына 30-40 миң адамдын өмүрү кыйылат.

Ишкерлердин укугубу же Орусиянын оюнубу?

Орусиянын Кыргызстандагы элчилигинин кеңешчиси Евгений Терехин менен Мекендештер гильдияларынын бирикмесинин төрага орун басары Станислав Епифанцев маалымат жыйынында. Бишкек, 20-февраль.

Кыргызстанда орус тектүү ишкерлердин “Мекендештер гильдияларынын бирикмеси” өлкөнүн саясий турмушуна аралашаарын жарыялады.

20-февралда өткөргөн жыйынында аталган бирикменин өкүлдөрү Бажы союзун колдой турганын да кабарлашты. Бул иш-чара Орусия элчилигинин өкүлүнүн коштоосу астында өткөнүнөн улам серепчилер ырасмий Кремлдин Кыргызстанга басымы катары да баалашты.

Епифанцев: Биз саясатка аралашабыз!

“Мекендештер гильдияларынын бирикмеси” Кыргызстанда саясий кырдаал, этностор аралык мамилелер жана бизнес чөйрөсүндө кооптонууга негиз бар экенин билдирип, өз кызыкчылыктарын коргоого активдүү киришерин белгилешти. Бирикменин төрага орун басары Станислав Епифанцевдин айтымында, мындан ары бул уюм жөн гана сырттан байкоо салып тим болбостон, кыргыз коомундагы дээрлик бардык жараяндарга аралашууна көздөйт:

- Биз сырткы өнөктөштөр менен, биринчи кезекте Орусия менен мамилени өнүктүрүү боюнча иш-чараларга катышабыз. Ошондой эле гуманитардык маселелерге көңүл буруп, долбоорлорду ишке ашырганы жатабыз. Биз баарыбыз жаран болгондуктан, шайлоого катышып, депутаттарга добуш бергендиктен өз кызыкчылыктарыбызды талап кыла алабыз. Мыйзамды сыйлап, салык төлөгөн жаран катары биз кайсы бир жараянды колдоп, же ага каршы чыкканга акыбыз бар. Эгер биздин кызыкчылыгыбызга туура келген партиялар болсо, аларды колдоого даярбыз.

“Мекендештер гильдияларынын бирикмеси” көбүнесе Кыргызстандагы орус ишкерлерге тиешелүү компаниялар менен гильдиялардын башын бириктирет. Мындан бир жарым жыл мурда түзүлгөн уюмдун курамында 170ке чукул ишкана бар. Алардын айрымдарынын кожоюндары Орусиянын жарандары.

Кыргыз-орус бизнес коомчулугунун кызыкчылыктарын коргогон бул бирикме Кыргызстандын Бажы биримдигине киришин колдоорун да билдирүүдө. Маалымат жыйынына катышкан Орусиянын Кыргызстандагы элчилигинин кеңешчиси Евгений Терехин да бул демилгени колдоорун “Азаттыкка” кабарлады:

- Бажы биримдигине кирүү бул Кыргызстандын өзүнө эле пайдалуу. Бул жагдай кыйынчылыктар менен коштолот деген сөздөр айтылып келет. Бирок жашоонун манызын алып караганда, бардык эле жаңы башталган иштерде кыйынчылыктар болбой койбойт.

Бизнес менен саясатты ажыратыш керекпи?

Бүгүнкү демилге кыргыз президенти Алмазбек Атамбаевдин жакынкы күндөрү Москвага бараар алдында Орусиянын Кыргызстандагы базаларынан акча талап кылабыз деген билдирүүсүнө удаа болуп жатат.

Бишкектик саясый экперт Леонид Бондарец бирикменин ниетин жакшы саамалык катары баалады:

- Орусияга кетүүнү каалагандардын баары көчүп бүтүштү. Бул жерде Орусияга барууну каалабагандар эле калышты. Адамдар укуктары бийлик тарабынан эске алынбай калган учурда кемсинтүүгө кабылгандай сезишет. Натыйжада ар кыл маселелерди чечүүдө активдүү катышуу муктаждыгы келип чыгууда. Мен бул бирикме өлкө турмушуна активдүү катышып, ички саясаттын түптөлүшүнө кызматташат деп үмүттөнөм.

Өткөн аптада орус элчиси Валентин Власов Кыргызстан бийлиги орусиялык инвесторлорго жоопкерчилик менен мамиле кылбаганын сынга алган. Себеби буга чейин кыргыз жергесинде иш алып барган орусиялык айрым тоо-кен ишканаларынын иши жергиликтүү калктын нааразылыгынан улам үзгүлтүккө учураган.

Саясат таануучу Марат Жаанбаев бирикменин бизнес тармактары боюнча сын пикири жүйөөлүү деп эсептейт. Бирок маселенин саясий өңүтү башкада деди илимпоз:

- Саясий деңгээлден караганда, бул Орусиянын Кыргызстанда болгон кызыкчылыктарын алдыга жылдыруу, Орусиянын жеке эле ишкерлердин эмес, мамлекеттик деңгээлдеги саясатын Кыргызстанда жүргүзүп, Кыргызстанга таңулоо. Ушундай деп бааламакмын. Менин оюм боюнча, бул терс көрүнүш. Себеби башка бир мамлекет өзүнүн саясаты менен кызыкчылыктарын ушундай мамлекеттик деңгээлде таңуулаганга эч бир акысы жок. Анткени биз көз карандысыз өлкөбүз. Өзүбүздүн мандатыбыз бар.

Бүгүнкү маалымат жыйынына Орусия элчилигинин өкүлү катышканы да түрдүү суроолорду жаратууда. Бул боюнча серепчи Жыргалбек Касаболотов ой-пикирин ортого салды:

- Эгерде Орус элчилигинен өкүлдөр ээрчип келип, ушул маалыматты айтып жаткан болсо, бул алардын кызыкчылыгы бар экенин көрсөтөт. Кызыкчылыгы жок адам кошо келип, андай маалыматты бербейт. Экинчиден, бирикменин саясий турмушка аралашабыз дегени кандай формада экенин карап көрүш керек. Эгер түздөн-түз партия түзө турган болсо, буга биздин мыйзамдар жол бербейт.

2009-жылдагы эл каттоонун жыйынтыгына ылайык, Кыргызстанда 400 миңдин тегерегинде орус улутундагы жарандар калган. 1999-жылдан бери эле 200 миңге жакын орус Кыргызстандан көбүнесе Орусияга көчүп кеткен.

Орус ишкерлеринин кызыкчылыгын коргогон “Мекендештер гильдияларынын бирикмеси” эртең Бишкекте конгресс өткөрүп, Кыргызстандагы кырдаалды талкууга алганы жатат.

Кыргызстан Орусиядан базалар үчүн акы талап кылат

Кыргызстан Орусиядан өлкөдөгү аскерий обьекттер үчүн акы төлөөнү талап кылат. Бул тууралуу президент Алмазбек Атамбаев Ошто студенттер менен жолуккан учурда билдирди.

Талдоочулар Канттагы аба базадан башка Орусиянын өлкөдө жайгашкан 3 аскерий жайы тууралуу сөз болушу мүмкүн деп боолголошууда. Акыркы жылдары бул 3 аскерий жай үчүн Орусия 15 миллион доллардан ашык каражат төлөбөй келгени дайын болгон.

Алмазбек Атамбаев жакында Орусияга боло турган сапарында өлкөдө жайгашкан аскерий жайлардын ижара акысы тууралуу маселени көтөрөөрүн билдирди. Бирок кайсы аскерий жайлар үчүн акы талап кылаарын ачыктаган жок.

Бул маселени Алмазбек Атамбаев өткөн жылдын соңунда маалымат жыйында да козгогон эле. Анда өлкө башчысы Орусия Кыргызстандагы аскерий обьекттер үчүн төрт жылдан бери акы төлөбөй келгенин жар салган:

- Орусия 4 жылдан бери өзүнүн аскер базалары үчүн акы төлөбөй келиптир. Мен бул тууралуу Дмитрий Медведевге айткан учурда ал да таң калганын жашырган жок. Коргоо министрлиги “акча жок, акча жок” деп айтат, бирок 4 жылдан бери Орусиядан акча албай жүрүшөт. Буга чейин деле жарытылуу акы алынбаптыр. Техника түрүндө алабыз дегени менен Орусияда колдонуудан чыккан эски техникаларды алып келишиптир. Мисалы, 2007-жылы Орусия 1984-жылы чыгарылган КАМАЗдар менен төлөп бериптир.

Москва, 27-декабрь, 2010-жыл
Москва, 27-декабрь, 2010-жыл
Негизинен Кыргызстан аймагында Орусиянын 4 аскерий жайы жайгашкан. Булар: Канттагы аскер аба базасы, Караколдогу куралдарды суу алдында сыноо базасы, Кара-Балтадагы аскердик байланыш түйүнү жана Майлы-Суудагы радиосейсмикалык лаборатория.

Булардын ичинен Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун макулдашуусуна ылайык, Кыргызстан Канттагы аскер-аба базасы үчүн акы албайт. Ал эми калган үч аскерий жайдын ижарасынын эсебинен Орусияга кыргызстандык офицерлер окууга жөнөтүлүп турган.

Кийин бул акыны курал-жабдык, аскердик техника аркылуу төлөө тууралуу макулдашылган. Бирок акыркы үч жыл ичинде бул да аткарылбай калган.

Орусия Кыргызстанга 15 миллион доллар карыз

Коргоо министрлигинин берген маалыматына ылайык, 2008-жылдан бери ижара акысы үчүн Орусия тарап Кыргызстанга 15 миллион доллардан ашык каражат карыз болуп калган. Министрликтин маалымат катчысы Айзада Игибаева:

- 2008-жылдан 2011-жылга чейин Орусиянын аскерий жайлардын ижара акысы үчүн Кыргызстанга карызы 15 миллион АКШ доллардан ашык каражатты түздү. Бул Орусиянын өлкөдө жайгашкан үч аскер жайы үчүн гана. Орусия Канттагы аскер база үчүн Кыргызстанга ижара акы төлөбөйт. Себеби Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун алкагындагы макулдашууга ылайык акысыз берилген.

2003-жылы ачылган Канттагы аскер-аба базасы эч кандай акы төлөнбөстөн, тескерисинче, аскерий обьектти тейлөөнүн чыгымдарын Кыргызстан өз мойнуна алып келе жатат. Мындан улам Жогорку Кеңештин депутаты, мурдагы коргоо министри Исмаил Исаков тейлөө чыгымдарын Орусия төлөшү керектигин билдирүүдө. Депутаттын айтымында, президенттин Орусияга сапарында ушул маселе көтөрүлсө, Кыргызстан үчүн пайдалуу болмок:

- Канттагы аскер база боюнча абдан кызык. Буга чейин да биз көтөргөнбүз, бирок маселе ордунан жылбай келе жатат. Бул базанын телефон байланышы, коммуналдык кызмат төлөмдөрүнүн баарын Кыргызстан төлөйт. Дүйнөдө өз аймагындагы башка өлкөнүн базасына акча төлөгөн көрүнүш жок. Биз болсо төлөп жатабыз. Жылына мурун 15-16 миллион сомго жакын каражатты түзчү.

Муну менен катар Исмаил Исаков Канттагы аскер базадан башка аскерий жайлар үчүн да ижара акыны жогорулатуу маселеси көтөрүлгөнүн билдирди.

Ошол эле учурда Коргоо министрлигинин өкүлдөрүнүн айтымында, 2011-жылдын декабрында Кыргызстандын жана Орусиянын президенттеринин жолугушуусунда аскер базалары ижара акысы боюнча маселе көтөрүлгөн. Бул боюнча учурда сүйлөшүүлөр уланып жатат.

Парламенттин коргоо жана коопсуздук комитетинин төрагасы Токон Мамытовдун билдиргени боюнча, ижара акысын көтөрүү маселесинде эки өлкө ортосунда өтө чоң деле карама-каршылыктар болгон жок:

- Биз ижара акыны көтөрүп бергиле деп сурап жатабыз. Алар айрым маселелер боюнча өз сунуштарын билдирип жатышат. Ушундай жол менен бири-бирибизге сый-урмат менен эле маселе чечилип жатат. Өтө чоң карама-каршылык, кайчы пикир деле жок. Жакын арада бул маселе чечилип калат болуш керек.

Кайсы жай үчүн акы талап кылынат?

Алмазбек Атамбаев Орусиянын кайсы аскерий базаларынан акы талап кылып жатканы азыр белгисиз бойдон калууда. Талдоочулар Канттагы аба базадан башка өлкөдө жайгашкан Орусиянын үч аскерий жай жөнүндө сөз болушу мүмкүн деп боолголошууда.

Талдоочу Токтогул Какчакеевдин айтымында, Канттагы аскерий базага ижара акыны талап кылуу үчүн ЖККУнун келишим бузуу керек.

- "Силер бизге беребиз деген насыяны берген жоксуңар, башка убадаларды аткарган жоксуңар. Ошондуктан Канттагы аскер базасы үчүн акы талап кылабыз" деген бул - жылдырма сөз. Канттан акча талап кылыш үчүн ЖККУнун келишимин бузуп, жаңысын түзүү керек.

2008-жылы ошол кездеги президент Курманбек Бакиев Москвага Кыргызстандагы бардык орусиялык объекттерди бириктирип, ага чоңураак акы төлөө талабын койгон эле. Бирок расмий Москва макул болбой, сүйлөшүүлөрдүн аягы туңгуюкка барып такалган эле.

Эл аралык мамилелер боюнча адис Искендер Ормон Орусия өз аскерий жайларын сактап калуу үчүн Кыргызстандын жүйөлөрүнө кандайдыр бир саясий талап койбой эле макул болот деген пикирде. Себеби Кыргызстан ижара акыны көтөрүүнү тышкы саясаттын эрежелерин сактоо менен талап кылууда:

- Орусия кандай карайт деп чочулап жатканыбыз, бул - биздин советтик учурдан калган өнөкөтүбүз. Орусия акы төлөө маселесине келгенде саясий соодалашууга алып барбаса керек. Эгер базаны чыгарабыз деген маселе болсо анда башкача болмок. Экономикасы дүйнөдө 5-орунда турган Орусия үчүн бул жердеги акы анчалык деле көп эмес.

Орусиялык аба база 2003-жылы сентябрь айында Кант шаарындагы аскер аба майданында жайгаштырылган. Анын карамагында башында СУ-25 тибиндеги беш чабуулчу учак, төрт машыктыруучу учак жана МИ-8 үлгүсүндөгү эки тик учак болгон. Аскер кызматкерлеринин саны учурда жүз элүү адамга чейин жеткен.

Өткөн жылы америкалык айрым басылмалар Канттагы базанын мөөнөтү 49 жылга узартылышы мүмкүндүгүн жазып чыккан эле. Муну менен катар Караколдогу суу алдында торпедолорду сыноо базасы иштеп жатат.

Ибрагим Бакировдун "Аптабы" менен "Күүгүмү"

Автопортрет. Ибрагим Бакиров

Белгияда жашаган художник-дизайнер Ибрагим Бакировдун Брюсселдеги соңку көргөзмөсүндөгү сүрөттөр негизинен абстракционисттик стилде тартылган.

“Аптап” деген полотнодо күндүн табына таназар бербей жашыл мейкиндик балкыса, “Күүгүмдө” үнсүз аалам мамыр уйкуда тунжурайт. “Бийиктиктеги” ак-жашыл өңдөрдүн контрасты адам кыялы менен гана даап жетчү аскар тоолордун койнун элестет. “Экөө” жана “Бороон” да монохром же бир өңдүн түрдүү көлөкөсү аркылуу түшүрүлгөн. “Тайгалак” да монохром менен тартылган картина. Көргөзмөнүн куратору Анна Лепере акварел жана туш аралашып тартылган ушул абстаркттык сүрөттү кунт коюп карап турганын көрүп, пикирин сурадым.

"Мен бул холсттон жаратылыштын элементтерин: шамалды жана толкунду, Жер жана абага өтө тыкыс байланышкан заттарды көрүүдөмүн. Ошол эле учурда биз токтоп турабыз. Кайда баруу керек экенин, баарын кайра баштоо керек экенин билебиз. Бул сүрөт жашоону көрсөтөт. Себеби жашоо жеңил башталганы менен бара-бара турмуш оорлой баштайт эмеспи. Мен муну өтө кооз картина деп ойлойм", - деп жооп берди менин суроомо бийкеч.


please wait

No media source currently available

0:00 0:11:50 0:00
Түз линк


Кыргыз сүрөтчүсүнүн жеке көргөзмөсүнүн куратору Анне Лепере. Брюссель. 10-февраль 2012
Кыргыз сүрөтчүсүнүн жеке көргөзмөсүнүн куратору Анне Лепере. Брюссель. 10-февраль 2012
Кыргыз сүрөтчүсүнүн абстракттык сүрөттөрүнө узакка тигилип, айланчылактап кете албай жүргөн жигит теги марокколук 28 жаштагы педагог эл-Талби Хафид болуп чыкты. Мен али маанисин таба албай жаткан бул полотнолордо тартылган сырдуу дүйнөгө Брюсселде чоңойгон эл-Талбинин пикири мындай болду:

- Бул сүрөттөр аябай кооз жана эмоцияга бай. Сезимге жакшы ойлорду алып келет. Алар ар түрдүү стилде тартылган. Караган адамды сүрөттөр арбап турат. Мага өзгөчө “Тайгалак” деген сүрөт жакты. Көргөзмөгө мыкты сүрөттөр коюлуптур. Маданий борбор турган райондо жашаган адамдар өз эмоцияларын рэп, музыка аркылуу билдиришет. Ал эми Ибрагим Бакиров эмоцияны билдирүүнүн жаңы манерасын көрсөтүүдө. Бул райондун эли искусствону дагы жакшы билүүсү үчүн Ибрагимге окшогон адамдар бул жакта көбүрөөк көргөзмө уюштуруусу керек.

Ибрагим Бакиров мурдагы Советтер Союзундагы эң мыкты көркөм өнөр окуу жайлардын бири-Санкт-Петербургдагы Мухина атындагы жогорку окуу жайды бүткөн. Социалисттик реализм мектебинин тарбиясына сугарылган. Ал Батышка он жылдай мурда Чыңгыз Айтматовдун чакыруусу боюнча келгенге дейре скульптура, графика, живопись, литография жанрында активдүү иштеп жүргөн. Ошондуктан вернисажга коюлган 20га жакын боёгу көңүлдү бийлетчү сүрөттөр жана сепия менен тартылган он чакты портрет художниктин өнөрү тууралуу толук маалымат бербейт.

Ибрагим мырзанын адамдын абалын, ой-толгоолорун, аны курчаган дүйнөнү оймо-чийме, боёк, форма, кыймыл, өңдөрдүн оюну жана көлөкөсү менен холст бетине жан киргизген, инсандын сезимин кытыгылаган абстракционизмге ооп кетиши эмнеге байланыштуу?


- Музыканынын өз тили бар-сольфеджио. Ал үндөрдүн тили менен музыканы жаратат. Көркөм сүрөттө да өзүнүн тили бар. Өңдөрдүн бири бирине болгон гармониясы, форманын, массалардын, кыймылдын, статикалык абалдын бири бирине болгон гармониясы же катнашы бар. Аларга таянып композицияларды түзсө жана композиция аркылуу биздин реалдуу турмуштагы көрүнүштөрдү көргөзсө болот. Искусствонун тили менен өзүбүздүн оюбузду, сезимибизди туюнтабыз. Мен мага капылеттен келген кээ бир ойду, сезимди кол алдымдагы материал менен тез, эсимден уча электе, пайда болгон эмоция менден кете электе кагаздын бетине же холстко түшүрүп калганга, искусствонун өзүнүн мыйзам ченемдүү жолдору менен өзүнүн деңгээлине чейин иштеп бүткөргөнгө аракет кылам. Бул иштеги эң маанилүү нерсе: биринчи келген сезимди жана ойду таза бойдон сактап калганга аракеттенүү керек.

Ошентип Ибрагим Бакиров айлана-чөйрөнүн, түрдүү окуялар менен кубулуштардын сезимде чагылгандай жылт эткен таасирин холст бетинде бузбай чагылдырганга умтулат. Ал абстракцияны реалдуу чындык деп билет.

- Азыркы заманда абстракция да реализм. Анткени абстракция аркылуу чыныгы турмуштун кубулуштарын көрсөтүү мүмкүн. Кээ бир түшүнгөн кишилер, өзгөчө, жаштар абстрактуу тилди кыйналбай эле окуйт. Адабий сюжет өтө жеңил кабыл алынат. Искуссттвонун нукура өз тили, алсак, пластикалык искусствонун өз сюжети бар. Ал адабий сюжеттен айырмаланып турат. Бул жашоодогу кубулуштарга универсалдуу көз караш. Бир эле нерсени ар бир киши ар башкача түшүнөт. Бирөө өзүнүн турмуштук тажрыйбасына жараша түшүнсө, ошол эле нерсени башка бирөө билимине, сезимине ылайык кабыл алат. Күтүүсүз болгон нерселер жоопкерчиликсиз болот деп ойлошот. Бирок ар бир художник өз чыгармасында өзүнүн чыныгы сезимин чагылдырыш керек. Жаз же блюз ойногон сыяктуу. Себеби жаз же блюзду музыкант мурда ойлонбой туруп ойнойт эмеспи.

Кылкалемдин көргөзмөдө коюлган сүрөттөрүн адистер “романтикалык абстракционизм” стилине кошушат. Ал, өзү айткандай, миң кырдуу дүйнөнүн көз ирмемде өзгөргөн табышмактуу жана керемет бойокторунун сезиминде жылт этип пайда кылган элестерин алаканга салып, өзү туйгандай кылып адамдар менен бөлүшөт.

Арийне мени сүрөтчүнүн Батыштагы турмушка кандай аралашканы кызыктырды. Ибрагим Бакировдун айтышынча, экс-советтик жамаатчыл коомдон индивидуалисттердин коомуна кошулуу ага кыйын болгон эмес.

- Брюссел образдуу айтканда, Вавилон сыяктуу. Ар түрдүү элдер, түркүн маданияттардын өкүлдөрү бул жерде чогуу иштешип, бирдикте чыгармаларды жаратышууда. Бардык маданияттардын өкүлдөрү үчүн Брюсселде жол ачык. Брюсселде мен кездешкен сүрөткерлер мени абдан жакшы кабыл алышты. Чыгармачыл адамдардын союзуна кошулдум. Көптөгөн долбоорлор, конкурс-көргөзмөлөр болуп турат. Кааласаң катышасың.

Кыргыз сүрөткери ушундай бир долбоорго теги вьетнамдык профессор Ким Ху Ин менен чогуу катышып, жеңип алган. Ошондой эле Франциянын Монтенье сепилинде атайын чакыруу менен порттери менен живопистик полотнолордун жеке көргөзмөсү болгон.

Ибрагим Бакиров акыркы жылдарда жасаган урунттуу долбоолорунун бири катары 2010-жылы ЮНЕСКОнун Париждеги баш кеңсесинде Кыргызстан аялдарына арналган фотосүрөт көргөзмөсүнүн экспозициясынын дизайнын жасаганын айтты.

Ибрагим Бакиров Белгиядагы Кыргызстандын элчилигинде иштеп жүргөндө элчи Чыңгыз Айтматовдун скульптуралык портерин жасаган. Бул айкел тагдырдын буйругу менен учурда Ата журтунан алыста жашаган художник-дизайнер үчүн улуу жазуучу менен чогуу иштеген мезгилден калган жалгыз баалуу эстелик.

Борбор Азия апта ичинде

17-февралда Ашгабат шаарында Түркмөнстандын президентинин ант берүү аземи өттү.

Өтүп бараткан жума ичинде чөлкөмдө болгон олуттуу окуялардын жыйындысы.

Бейшембиде британ соту казакстандык оппозициялык саясатчы жана бизнесмен Мухтар Аблязовду “сотту урматтабаганы” үчүн 22 ай түрмөгө кескен өкүм чыгарды.

Швециядан депортацияланган өзбекстандык бир нече жаран мекенине келээр замат камакка алынды.

Түркмөнстанда бийликтерди анча көзгө илбеген рэп топторунун популярдуулугу өсүүдө.

please wait

No media source currently available

0:00 0:15:22 0:00
Түз линк






Казакстанда 2 жарым жыл түрмөдө отурган укук коргоочу Евгений Жовтис 17-февралда Өскемен түрмөсүнөн бошонуп чыкты. Укук коргоочулар Жовтисттин жол кырсыгында киши өлтүргөн деген кине менен кесилишин саясий мүнөздө деп айыпташкан. Жовтиске ичип алып, автоунааны айдаган деген айып коюлган, бирок тартип коргоочулар атайын медициналык текшерүү үчүн алынган кан куюлган шишени жоготуп жиберишкен. Мунапис алган Жовтис менен кошо дагы бир жол кырсыгындагы кишинин өлүмүнө байланыштуу кесилген журналист Токтонияз Күчүков эркиндик алды.


Гурбангулы Бердымухаммедов экинчи кызматтык мөөнөткө киришти. Дүйшөмбүдө Борбордук шайлоо комиссиясы Түркмөнстанда президенттик шайлоодо Бердымухамедов добуштардын дээрлик 98% алгандыгын жарыялаган. Президенттик кызмат үчүн жалпысынан 8 адам ат салышты.

12-февралдагы добуш берүүгө сырттан КМШнын байкоочулары гана көз салышты. Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюму өзүнүн миссиясын жиберүүдөн баш тарткан. Бердымухамедов ушул аптада көп партиялуу системаны жана көз карандысыз маалымат каражаттарын түзүүгө зарыл мыйзамдарды кабыл алууну тездетүүгө чакырды.

Гурбангулы Бердымухамедов 2007-жылы мурдагы президент Сапармурад Ниязов көз жумгандан бери өлкөнү жетектейт. Түркмөнстандын Баш мыйзамы боюнча президент 5 жылдык мөөнөт менен шайланат.

Британия: Мухтар Аблязов камалат

Лондондун соту качкында жүргөн казакстандык банкир, мурдагы министр Мухтар Аблязовду “сотту сыйлабаганы” үчүн 22 айга камоо боюнча чечим чыгарды.

Лондондогу соттук жараян БТА-банктын арызына байланыштуу, дал ушул банкты мурда Аблязов башкарчу.

Сот Аблязовду Британиянын аймагында бир нече ишканалар боюнча маалыматты жашырганы үчүн аны күнөөлүү деп тапты.

Мухтар Аблязов Казакстандагы эң ири жеке банктын директорлор кеңешинин төрагасы болуп иштечү. БТА 2009-жылы улутташтырылып, банкрот деп жарыяланган.

1990-жылдардын аягында Мухтар Аблязов Казакстандын энергетика, өнөр жай жана соода министри болуп иштеген.

1999-жылдан 2002-жылга чейин Аблязовго карата түрдүү жагдайларда кылмыш иши козголгон, ал камакта отурган, 6 жылга кесилген. Бирок президент Нурсултан Назарбаев тарабынан күнөөсү кечирилген, дал ошол учурларда чоң саясатка активдүү аралаша баштаган.

БТА-банк Аблязовго каршы 9 арыз менен кайрылган – алардын баарын топтогондо 5 миллиард долларды түзөт.

2011-жылдын июль айында Британиянын өкмөтү Аблязовго саясий башпаанек берген, бирок казак бийликтери аны Казакстанга экстрадициялоо боюнча аракеттерин токтотуша элек.

Аблязов өзү өкүм угузулуп жатканда сот отурумуна катышкан жок. Аблязовду коргоочу тарап бул чечим боюнча арыз даярдала турганын кабарлады.

Аблязовдун өкүлдөрү Би-Би-Си үналгысына казак оппозиционеринин кайрылуусун тапшырышкан. Ал кайрылууда Аблязов бул сот жараянынын саясий мааниси бар экендигин дагы бир жолу эскерткен.

Түркмөн башыны тоотпогон рэперлер

Youtube-дан алынып салынган -- "Rude - iStreet (featuring Arman)," видеосунан сүрөт.

Түркмөнстанда таанымал рэппердин эки жылга кесилишине жана дагы башка чектөөлөргө карабастан, өлкөдө рэп топтору көбөйүүдө. Улам көп сандагы улан-кыздар рэпти турмуш чындыгын жар салуунун ыкмасына айландырып жатышат



please wait

No media source currently available

0:00 0:00:20 0:00
Түз линк


"Көзүңдү ач, күзгүнү кара. Айланаңа көз чаптырчы. Токтолбо, ойгон! Чыдамдын да чеги бар".

Бул сөздөрдө ашыкча төңкөрүшкө же куралдуу көтөрүлүшкө чакыруу деле жок, бирок дүйнөдөгү эң бир жабык өлкөлөрдүн бири болгон Түркмөнстанда өтө этийеттик менен, каймана түрүндө болсо да өзгөрүшкө үндөө бийликке түздөн-түз коркунуч келтирүү деп бааланып, анын авторлору абакка түшүп калышы мүмкүн.

Темир тордун артында калуу коркунучу бирок Түркмөнстанда рэп топторунун популярдуулугун жана санын чектей алган жок. Рэпти ырдап, аны жаздырып, таратууга мыйзамда тыюу салынган эмес, бирок добушун катуу чыгарып, же башын көтөргөнгө даагандардын тагдырына караганда, рэпчилер өтө сак болуштары керек.

Азыр түркмөн рэперлери жашыруун жайларда ыр жаздырып, аны интернетте YOUTUBE видео сайты жана кол-фондор аркылуу таркатышат. Башкалары өз ырларын музыкалык студияларда жаздырышат. Мамлекет уруксат берген музыканы гана жаздыруучу бул студиялардын кызматынан пайдалануу рэперлер үчүн башын канжыгага байлоого тете.

Германияда жашаган түркмөнстандык журналист Тахер Шир Мохаммади түркмөн жаштары үчүн рэп музыкасы өкмөттүк репрессияга жана турмуш кыйынчылыктарына каршылык билдирүүнүн ыкмасы экендигин белгилейт:

- Түркмөн рэперлери саясий маселелер менен коомдук көйгөйлөрдү, жалпы эле жаштардын маселелерин, анын ичинде жумушсуздук, баңгилик, чектөөлөр тууралуу ырдашат. Бирок өлкөдөгү репрессивдик кырдаалдан улам, алар саясий көз карашын ачык айта алышпайт.

Түркмөн рэперлерине келтирилген коркунучка былтыр эң таанымал рэпердин биринин камакка алынышы күбө.





Бул жаатта маалымат аз, бирок бейрасмий кабарларга караганда, сахнадагы Маро деген аты менен белгилүү болгон Максат Какабаев былтыр январда камакка алынып, 15 күнгө кесилген.

Маро кийин эки жылга эркинен ажыратылган жана анын атасы, бир тууганы, алтургай жездеси түрмөгө түшкөн.

Анын эмне үчүн кесилгенине бийликтер түшүндүрмө берген жок. Бирок Мохаммади өңдөнгөн журналисттер камакка алууну мамлекет тарабынан уруксат берилген түркмөн улуттук эстрадасынан айырмаланып, Маронун чыгармаларында идеологиялык маселелердин козголгондугу менен байланыштырышат.

Маронун бир ыры бийликтерди айрыкча чочуткан болушу мүмкүн. «Ойгон, Ойгон!» деген ырын өкмөттөгүлөр түркмөндөрдү көтөрүлүшкө чакыруу катары баалаган болушу толук ыктымал.


please wait

No media source currently available

0:00 0:00:20 0:00
Түз линк


"Мүмкүнчүлүктү колдон чыгарба, Эч качан өзүңдү жоготпо. Өзүңө ишен. Болбосо кеч болуп калышы мүмкүн. Ойгон, ойгон!" деп айтылат бул ырда.

Марого чейин да Түркмөнстанда ырчылар бийликтердин төө бастысында калган учурлар болгон. Өлкөнүн мурдагы президенти Сапармурат Ниязов «түркмөн менталитетине каршы келет» деп Батыш өнөрүнүн дээрлик бардык түрүнө тыюу салган.

Февралда экинчи мөөнөткө кайра шайланган учурдагы президент Гурбангули Бердымухаммедов бийликке жаңы келгенде музыканттар менен сахна чеберлери өзгөрүү болот деп үмүттөнүшкөн, бирок Бердымухамедовдун бир катар жардыктары, анын ичинде ырчы айымдарга улуттук кийим гана кийүүгө буйрушу мындай үмүттөрдү суу сепкендей кылган.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG