Линктер

бейшемби, 18-июль, 2019 Бишкек убактысы 05:23

Борбор Азия

Чек арада аялга ок атылды

Оштун Араван районунда өзбек чек арачылары аткан кыргызстандык жаран Фатима Абдукахарова азыр Өзбекстандагы ооруканада жатат.

Эки жеринен ок жеген аялдын абалы канааттандырарлык экенин кыргыз чек арачылары коңшу өлкөдөгү кесиптештерине таянуу менен тастыктоодо. Бирок канткен менен бул окуя чек араны мыйзамсыз бузуп өтүүлөрдү токтото албайт дешет жергиликтүүлөр.

Окуя кыргыз-өзбек чек арасынын Чек-Абад бекетинен 100 метрдей ары жакта болгон. Үйүнө келе жаткан Фатима Абдукахарованы коңшу өлкөнүн аскерлери "чек ара тилкесинен мыйзамсыз өтүп баратасың" деп, атып салышкан. Кыргыз чек арачылары барган мезгилде аны Өзбекстанга алып кетип атышкан экен.

Араван чек ара заставасынын зардалынын орун басары Бакыт Өмүрзаков:

- 27-апрель күнү эртең менен саат 9дар чамасында Кыргызстандын жараны Фатима Абдукахарова Өзбекстандан бери көздөй өтүп келе жаткан. Бул жерде өтмө бекет жок болгондон кийин анын бул кадамы мыйзамсыз болуп саналат. Аны өзбек аскерлери көрүп калып эскертүү беришкен. Ага болбой койгондон кийин алар эскертүү катары асманга да ок атышкан. Бирок ал багытын дагы деле уланта бергенде өзбек аскерлери Абдукахаровага 2 жолу ок ачышкан.

Өмүрзаков ошондой эле, коңшу өлкөнүн кесиптештерине таянуу менен жабырлануучунун абалы канааттандырарлык экенине токтолду:

- Окуя болгон мезгилде биз бекетте болчубуз. Анан кийин бардык. Алардын чек арачылары аялга биринчи жардам көрсөтүштү. Кийин Мархамат районунун дарыгерлери тез жардам менен келишти. Алар аны Мархамат шаарына алып кетип, ошол жакта дарылап атышат. Бир сыйра айыккандан кийин Кыргызстанга өткөрүп беришет. Азыр анын абалы жакшы деген маалыматтар бар.

Фатима Абдукахарова Кыргызстанга турмушка чыкканына 20 жылдай болгон. Өзбекстанга төркүндөрүнөн кабар алып барганы айтылууда. Чек-Абад айылдык округунун жетекчиси Рафыкжан Эргешов буларды айтты:

- Абдукахарова Фатима Өзбекстанга Кара-Суу районундагы "Достук" бекети аркылуу мыйзамдуу жол менен өткөн. Бирок кайра кайтып келатканда жакыныраак деп ушул жолду тандаптыр. Анан ушундай окуя кабылып отурат. Адистер анын паспортунун мөөнөтү да өтүп кеткен болуш керек дешүүдө. Ошол күнү аны бул жакта күйөөсү тосуп турган экен. Сыягы, телефондон макулдашып, анан келген болуш керек.

Бийлик мындай окуялар чек араны мыйзамсыз бузуп өтүүлөрдү токтото албайт деген пикирде. Рафыкжан Эргешов:

- Жашыруунун кереги жок, ары-бери өтүп аткандар азыр деле бар. Жөнөкөй эле мисал: үйү чек ара тилкесинде жайгашкан адамдар үйдүн бул жагынан киргизип, нары жагынан Өзбекстанга чыгарып коюп атышат. Биздин айыл округдагы ушундай үйүнүн жарымы аркы өлкөдө, жарымы берки өлкөдө калган кишилердин баары менен сүйлөшүп чыктык. Бирок эми алар бул ишин токтотуп койот деп эч ким кепилдик бере албайт. Ошол себептүү чек араны мыйзамсыз бузууну токтотуу үчүн жөн эле чек араны ачып коюш керек. Анткени элге деле кыйын да. Так ушул жерде 200 метр турган жерден түз өтпөй, тиги жак менен айланып, "Достук" бекети аркылуу 120 км жол жүрүш керек. Анан кайра Өзбекстандан ушул биздин тушубузга келиш үчүн дагы 120 км жол жүрүшү керек.

Калкты кыйнаган чек ара

Жергиликтүү тургундардын бири Анворжан да эки өлкө эртерээк чек араны ачпаса, мындай окуялар кайталана бере турганын белгилейт:

- Бизге эле кыйын болду. Өтүп баратсаң атам дешет, өтпөсөң туугандарыңдан алыстайсың. Мен өткөндө туугандарыма барып келатып да аскерлер менен урушуп атып өттүм. 75 миң сом бер дешти эле болбой койдум. Зарыл болуп аткандан кийин мыйзамсыз болсо да өтөсүң да. Анан бир күн мени деле атып салышабы, ким билет...

Чек-Абад айылынын башка бир тургуну Уктөмхан:

- Ошол аялды атып салышты дегенден кийин коркуп калдык. Анын деле энеси ооруп калып ошого барган дешет. Кечээ эле менин Өзбекстандагы бир тууган акем каза болуп калды эле барып бата кыла албадым. Чек араны тезирээк ачышпаса, эл азап тарта берет.

30-апрелде айрым маалымат каражаттары Жогорку Кеңештин депутаты Токон Мамытовго шилтеме жасап, Араван районунда өзбек чек арачылары кыргызстандык Фатима Абдукахарованы атып өлтүрдү деп жазып чыгышкан болчу.

Чек араны мыйзамсыз бузуп өтүүлөрдөн буга чейин да коңшу өлкөнүн аскерлеринин огунан жараат алгандар болгон.

Маалым болгондой, Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосунда учурда 7 өтмө бекеттин экөө гана ачык.

Сөз эркиндиги: кысым бар, чөнтөк жука

“Фридом Хаус” уюму дүйнөдөгү басма сөз эркиндиги боюнча жылдык баяндамасында Кыргызстанды мурдагыдай эле “эркин эмес” өлкөлөрдүн тизмесинде калтырды.

Апрель ыңкылабынан бери маалымат каражаттары мурдагыга салыштырмалуу кыйла эркиндик алды деген пикирлер үстөмдүк кылганы менен дүйнөдөгү басма сөз эркиндигинин абалына узактан бери байкоо салып келген “Фридом Хаус” Кыргызстанды кайрадан “эркин эмес” өлкөлөрдүн тизмесинде калтырды.

Уюмдун стратегия жана анализ боюнча вице-президенти Кристофер Уолкер “Азаттыкка” курган маегинде мунун себебин төмөнкүчө түшүндүрдү:

- Бул медиа ландшафтын, салыштырып айтканда, ачылгыдай жана жакшыргыдай келечеги бар. Бирок ал үчүн өлкөнүн башкы чечим кабыл алуучулары ошол оңолууларды колдогудай саясий эркин көрсөтүшү абзел. Шайлоо циклдери учурунда атүгүл сыналгыда кандайдыр бир деңгээлде плюрализм болду. Бул да Кыргызстандын медиа ландшафтынын өзгөчөлүгү. Мындайды Борбор Азиянын терең авторитардык өлкөлөрүнөн жана Орусиядан көрө албайсыз. Андыктан кандайдыр бир айырмачылыктар бар, бирок жалпысынан Кыргызстандын массалык маалымат каражаттары, биздин баабызда, ал “эркин эместердин” категориясында калууда.

“Фридом Хаус” баяндамасын даярдоодо тигил же бул мамлекеттеги укуктук, саясий жана экономикалык факторлорго негиздеген.

Каржы булактарына көз карандылык

Кыргызстан быйылкы баяндамада камтылган 197 өлкө ичинен 156-орунда турат. Ал эми былтыр 196 өлкө ичинен 155-тизмеде болчу. Борбор азиялык коңшулардан быйылкы тизмеден Тажикстанга 171, Казакстанга 176, Өзбекстанга 195, Түркмөнстанга 196-орун тийген.

Акыркы эки жылдан бери Кыргызстанда Кылмыш кодексинен калемгерлерди макаласы үчүн кылмыш жоопкерчилигине тартылуусуна жол ачкан берене алынып салынды, башкы телеканал коомдук каналга айландырылды, гезиттердин саны көбөйдү.

Сөз эркиндигине кысым жасабоону талап кылган митинг, 4-май, 2010-жыл
Сөз эркиндигине кысым жасабоону талап кылган митинг, 4-май, 2010-жыл
Бирок журналист, азыр Жогорку Кеңештин “Ар-намыс” фракциясынан депутат Каныбек Иманалиев “Азаттык” менен маегинде Кыргызстан басма сөз эркиндиги жагынан “Фридом Хаустун” тизмесинде бирде алдыга, бирде артка кеткен учурлар катталганын эске салып, азыр саясий жана укуктук жактан эркиндик камсыздалганы менен баш редакторлор каржы булактарына көз каранды болуп калганын белгиледи:

- Жогорку бийлик тараптан басма сөзгө кысым жок, бирок кандайдыр бир деңгээлде журналисттерге акча төлөп, аларды көз каранды кылууга болгон аракеттер бар. Азыр айрыкча гезиттер каржы булактарынан көз каранды болуп калды. Анткени бизде окурмандар рыногу өтө эле аз, гезит басуу кымбатка турат. Гезиттин өздүк наркынын дээрлик 70% сырттан келген сырьёдон куралат. Гезит кымбаттап кетип, биздин журналисттер, баш редакторлор каржы булактарынан көз каранды болуп калды.

Сөз эркиндиги болгону менен калемгерлерде экономикалык эркиндик жок, андыктан алар басылма ээсинин эркин аткарууга аргасыз деген пикирлерге “Агым” гезитинин баш редактору Аскер Сакыбаева да кошулат.

Анын айтымында, саясий чөйрөдөн чыгып жаткан соңку демилгелер кооптондурат:

- Мен деле абдан эле эркин болуп калдык деп айтпайт элем. Массалык маалымат каражаттары жөнүндө кайсы министр, кайсы депутаттан сурабаңыз баары тең “ушунчалык чектен чыгып кетишти, жоопкерчиликсиз, буларды чектеш керек эле” деп айтышат. Кысуу үчүн кандайдыр бир деңгээлде ушундай аракеттер болуп жатат. Министрлер, депутаттар басым жасаш үчүн мындан ары кандай кадамга барарын карап турабыз. Массалык маалымат каражаттары боюнча 1993-жылы кабыл алынган мыйзамга же Административдик кодекске өзгөртүү киргизишеби, карап турабыз.

Сөз эркиндигинин эл аралык күнүндө журналист-карикатурачылар арасында өткөн сынакка катышкан сүрөт. 3-май, 2011-жыл
Сөз эркиндигинин эл аралык күнүндө журналист-карикатурачылар арасында өткөн сынакка катышкан сүрөт. 3-май, 2011-жыл
Басма сөздүн жоопкерчилигин күчөтүү демилгесин премьер-министр Өмүрбек Бабанов соңку ирет өткөн аптада, парламентте отчет берген учурунда көтөргөн эле.

Айрым талдоочулардын пикиринде, эгер Кыргызстан жоопкерчилик деген жүйө менен Кылмыш кодексинин калемгерлерге тиешелүү беренесин кокус кайра калыбына келтирсе, бул кайра артка чегингендик болот.

“Фридом Хаустун” быйылкы баяндамасы ааламда ар бир алты адамдын бирөө гана маалымат каражаттары эркин деп эсептелген өлкөдө жашарын ачыктады. Башкача айтканда азыр дүйнө калкынын 14,5% гана эркин басма сөзгө ээ. Бул - 1996-жылдан берки эң төмөнкү көрсөткүч экен.

Аталган жаңылык көңүл жылытпаганы менен “Фридом Хаустун” баяндамасында айтылгандай, өткөн жылдын эң башкы жетишкендиги - “Араб жазын” башынан өткөргөн өлкөлөрдүн “потенциалы алыска жетерлик” окуялары.

“Фридом Хаустун” стратегия жана анализ боюнча вице-президенти Кристофер Уолкердин ырастоосунда, “алдыга карай маанилүү кадамдар” Тунисте, Ливияда жана кандайдыр бир деңгээлде Египетте жасалды.

Мамаев: Кендерди темир жолго алмашпайбыз

Кытай-Кыргызстан темир жолу тууралуу суроолорго Транспорт жана коммуникация министрлигинин долбоорлорду ишке ашыруу тобунун директору Кубанычбек Мамаев жооп берди.

- Жакында кыргызстандык делегация Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолу боюнча сүйлөшүү үчүн Кытайга сапар алат экен. Бул сапарда маселенин кайсы өңүтүнө көңүл бурулат?

- Буга чейин темир жол маселеси боюнча жумушчу топ түзүлгөн. Анын төрагалык милдети биздин министр Калыкбек Султановго ыйгарылган. Бул топто ар кыл мамлекеттик органдардан өкүлдөр бар. Андан кийин мекемелер аралык комиссия да түзүлдү. Анын төрагасы биринчи вице-премьер-министр Аалы Карашев. Бул топтор темир жол боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп келишет.

Азырынча темир жолдун толук техникалык жана экономикалык негиздемеси жок. Деталдуу долбоору да даярдалып бүтө элек. Ошондуктан бул сүйлөшүүлөрдө ушул маселелерге көңүл бурулуп, аны каржылоо жагы тууралуу сөз болсо керек.

- Бул темир жолдун тагдыры канча убакыттан бери талкууланып келе жатат. Аны куруу үчүн каражат маселеси кандай чечилип жатат?

- Мурда Аскар Акаев менен Курманбек Бакиевдин убагында кен байлыктарды инвестицияга алмаштырсак болот деген схема каралган экен. Азыркы убакта президент Алмазбек Атамбаев менен премьер-министр Өмүрбек Бабанов “бул схеманы карабайбыз, кыргыз элинин байлыгы эч кандай курулушка алмаштырылбайт” деп акыркы чекитти койгон. Бул схема каралбайт.

- Анда темир жол курулушун каржылоонун башка кандай жолдору, булактары бар?

- Буга чейин өкмөттүн кепилдиги аркылуу кредит алууну көздөгөн экинчи бир схема бар болчу. Ал схема да каралбайт. Демек, бир гана нерсе бар. Кыргызстан башка донорлор менен же чоң компаниялар менен сүйлөшүп, бирдиктүү ишкана түзүшү керек. Ал мекеме керектүү каражатты таап, жолду куруп, өзүнүн акчасын жолду эксплуатациялоо аркылуу кайтарып алса болот. Өкмөт эч кандай каржылык тобокелчиликке барбайт.

- Кайсы өлкөлөр же компаниялар Кыргызстанга донор болуп бере алат?

- Азырынча донор тууралуу сөз болбосо керек. Темир жол курулушунун техникалык-экономикалык негиздемеси бүтүп, деталдуу долбоор даярдалгандан кийин донорлорго сунушталат. Донорлор курулушка алы жетип жетпегенин карап чыгышы керек.

- Темир жолдун техникалык-экономикалык негиздемеси качан даяр болуп калат?

- Бул боюнча министрдин тапшырмасы бар. Бир жылдын ичинде бүткүлө деп жатат. Бир жылга жеткирбей бүткөрүү маселеси талкууланып жатат.

- Үч өлкөнү байланыштырган темир жолду куруу боюнча Кытайдын өзүнүн позициясы кандай?

- Азыр эми сүйлөшүүлөргө барып келгенден кийин Кытай тараптын позициясы белгилүү болсо керек. Азыр алдын ала айтууга кыйын го.

- Аны айтканым, айрым маалымат каражаттарында Кытайдын темир жолго Кыргызстандагы үч кенди алмаштыруу талабы күч деген сөздөр бар...

- Жок, андай болушу мүмкүн эмес. Себеби, биздеги маалыматтар менен алар деле таанышат да. Натыйжада алар деле укту, билди. Расмий түрдө президент менен өкмөт башчынын ою айтылгандан кийин Кытай тарап бул максатты көздөбөйт.

Демек, Кыргызстан айтып жаткандай биргелешкен мекеме түзүп туруп, ал мекеме жолдуу курууга каражат таап, өкмөттү тобокелчиликтен куткарышы керек. Менимче, Кытай тараптын деле бул тууралуу маалыматы болушу керек.

- Эми Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолу курулса, Кыргызстанга кандай пайда алып келет?

- Темир жол курулса, Кыргызстанда өндүрүш иштеп кетсе, товарларды четке чыгарганга мүмкүнчүлүк түзүлөт. Экинчиси, транзиттен салык түшөт.

Өзбек чек арачылары Кыргызстанга качууга аракет жасады

Жан соогалаган өзбек чек арачылары эки өлкө ортосундагы бейтарап аймакта турушат. Ары жакта топтолгон эл. Кыргыз-өзбек чек арасы, 25-апрель.

Өзбекстандын Сох анклавындагы чек арачылар жергиликтүү тургундардын каршылыгынан улам Кыргызстандын аймагына качып өтүүгө аракет кылышты.

25-апрелдеги бул окуяга Сохтогу Ленбург айылынын тургундарынын өзбек чек арачыларына нааразылыгы себеп болгон. Андан бир күн мурда аталган айылдын 32 жаштагы тургуну Нариман Нодиров чек арачылардын колунан ажал тапкан экен. Ал бир кап төө бурчагын Кыргызстанга сатуу үчүн баратканда чек арадан кармалып, чек арачылардын ур-токмогуна кабылат да, ошондон кете бериптир.

Бул окуядан соң маркумдун жакындары, айылдаштары, жалпысынан миңге чукул киши жыйналып, чек арачылардын мындай таш бооордугуна нааразылык иретинде бекетти таш бараңга алышкан. Элден качкан чек арачылар Кыргызстандын Апкан айылы аркылуу өтүүгө аракет кылышкан.

Бирок апкандыктар аларды өткөрбөй койгонун аталган айылдын Назридин аттуу тургуну мындайча баяндады:

- Миңдей киши чогулду да. Чек арачыларды кууганда Апкан жака карап өтөлү дешти. Биз аларды өткөрүп жиберсек кошуналар нааразы болмок. Анан өзбек тараптын милициясы, акими, дагы бирөөлөр келип эл менен сүйлөштү. Алардын чек арачылары өзү чектен чыгып кетишкен да. Өздөрүнүн жарандарын да кыйнашат. Ленбургдун тургундары биз тарапка чек арачыларынан жашырынып, базарга алып барчу нерселерин алып өтүшөт. Ошо күнү да жанагы баланы Падакан деген жактан бир мүшөк ноясын алып өткөндө кармап алып сабашкан экен да. Анан ал бала өлүп калыптыр.

Баткен облусунун ичинде жайгашкан Өзбекстандын Сох анклавынын калкынын негизги бөлүгүн тажик тектүү жарандар түзөт.

Ошентип ал күнү тирешүү кечке чейин созулуп, жол тосулуп турган. Милиция, атайын кызматтар, аким келип эл менен жолугуп, чогулгандарды араң таратат. Окуя чек арага жакын жерде болгондуктан, Баткен облустук акимчилигинин, күч кызматтарынын, тышкы иштер министрлигинин өкүлдөрү абалды көзөмөлдөп турушкан.

Баткен облустук акимчилигинин укук коргоо жана коргонуу бөлүмүнүн башчысы Закир Темиров болсо чек арада кооптуу абал болбогонун айтат:

- Окуя Өзбекстандын ичинде болду. Биздин тиешелүү кызматтар абалды көзөмөлдөп турушту. Азыр чек арада абал мурдакыдай эле. Эч кандай кооптуу абал болгон жок.

Эки элдин майда-барат соода сатыгы илгертен бери эле уланып келген. Чек арадагы абалдын минтип оорлошу кошуна турган эки өлкөнүн тен жарандары үчүн бирдей эле түйшүк жаратты.

Баткен облустук ишкерлер кеңешинин төрагасы Авазбек Чотбаев чек арадагы мыйзамдарда жергиликтүү элдин кызыкчылыгын эске алуу менен майда соода үчүн жөнөкөйлөштүрүлгөн эреже болушу керек деген пикирде:

- Бул жерде Кыргызстан жана Тажикстан, Өзбекстандын кошуналаш айылдарынын калкы ар дайым соода-сатык кылып, тирилик өткөрүп келишкен. Анан аны таптакыр токтотуп койгонго болбойт. Ошондуктан чек арадагы майда соодага өзүнчө мыйзамдарды карап, жөнөкөйлөштүрүлгөн абал кылыш керек. Болбосо мындай окуялар кайталана берет. Мамлекеттер аралык сүйлөшүүлөр болушу керек.

Акыркы эки жылдан бери бир тараптуу жабык турган кыргыз өзбек чек арасынан качып өтөм, же жашырына койом деп жагымсыз абалга тушуккандар көп эле кездешет. Мунун бааары мурда көнүп калган эки элдин мамилесин үзүү кыйын экенинен кабар бергендей.

Өзбекстандын Сох анклавынын, чек арага жакын кыргыз айылдарынын калкынын турмуш тиричилиги, соода сатыгы эзелтен бири бирине тыгыз байланышта болуп келген. Мындай мамиленин үзгүлтүккө учурашына 2010-жылы апрелде өзбек тарап чек арасын бир тараптуу жаап, көзөмөлдү күчөтүшү себеп болгон.

Мургабда кайрадан ат дүбүртү жаңырат

Мургабдагы Ат чабыш, 19-июл, 2009-жыл.

Фестивалдын уюштуруучусу, “Кыргыз аты” корунун жетекчиси, франциялык саяпкер Жаклин Рипар “Азаттыктын” суроолоруна жооп берди.

Кыргыз жылкысын сактап калуу максатында иш алып барган уюмдун билдиришинче, төртүнчү жолку фестивал Чыгыш Памирде адаттагыдай эле 14-15-июл күндөрү өтөт. Эмне себептен фестивал Тоолуу Бадахшандын алыскы Мургаб аймагында уюштурулуп жатат?

- Фестивалды жергиликтүү бийликтердин колдоосу менен төртүнчү жыл катары менен уюштуруп жатабыз. Быйылкысы Мургабдагы кыргыз ооданынын 80 жылдык мааракесине арналууда. Биз Кыргызстанда көп иш жүргүздүк. Бизден жардам сурагандарга көмөк көрсөтүп жатабыз. Бирок донорлор бизден Памирде көбүрөөк иштөөнү сурап жатат. Себеби деңиз деңгээлинен 3 жарым-4 миң метр бийик жайгашкан Мургабда иш алпарган уюмдар жок болуп жатат. Ал жактын турмуш-шарты өзгөчөлүү, киши аз жашайт. Маданий ар түрдүүлүктү сактоо үчүн Тажикстандагы кыргыздарга жардам берүүгө зор мүмкүнчүлүк болуп жатат.

Америкалык Кристинсен кору, Франциянын элчилиги колдогон фестивалдын уюштуруучусу Мургабдагы майрам туристтер үчүн эмес экендигин баса белгиледи. Себеби 2010-жылы Кыргызстанда бир катар фестивалдар чет элдик туристтер жок деп өткөрүлбөй калган. Бирок Рипар айым Мургаб иш-чарасы кыргызстандыктар үчүн тажикстандык боордоштору менен таанышууга мүмкүндүк берээрин белгилеп, буларды кошумчалады:

- Үч жылдан бери бул фестивал аздыр-көптүр элге белгилүү болуп калды. The Lonely Planet өңдөнгөн дүйнөгө таанымал саякат китептеринде«Ат чабыш фестивалы» дайым июлдун ортосунда өтөт деп жазылган. Батыштык туристтер келип жүрүшөт. Эгер бийликтер ар дайым бир мезгилде өткөрүү керектигин кабылдаса, жылдан жылга коноктордун саны көбөйөт деп ойлойм. Ошол эле убакта бул майрам туристтер үчүн эмес, жергиликтүү салтты жандандыруу үчүн өткөрүлөт. Биринчи кезекте, бул кыргыздар үчүн уюштурулган фестивал. Мургабда көп кыргыз жашайт, бирок бул аймакта мындай иш-чара өткөрүлбөйт. Ошондуктан биздин майрамга жергиликтүү тургундар атчан, жөө-жалаңдап, Мургабдын ар тарбынан эки-үч миң киши келет.

Кор колдогон Ат чабыш фестивалы мындан 10 жылча мурда Ысык-Көлдө, акыркы үч жылдан бери Чоң-Алайда өтүп келген. Чоң-Алайдагы фестивал бирок ар түрдүү себептер менен быйыл болбой калды. Анын аралыгында жазгы капсалаңда мал кырылып, алайлыктардын арасында турмуштун айынан шаарларга агылгандар көп болуп жатканы айтылууда.

Мургаб фестивалында ат чабыштан тышкары кыргыз жылкысы кандай болоорун окуткан курстар өткөрүлөт. Себеби кыргыз жылкысынын тукумун сактап калуу максатындагы алгачкы топ Тажикстандын дал ушул районунда былтыр түзүлгөн:

- Биз ат баккан он кишини бириктирип, бир топ түзгөнбүз. Мургабда кыргыздар адатта кой, топоз багышат. Алардын ону биригип, кыргыз жылкысын өстүрүүгө макул болушту. Бул максатта бир донор таап, үч бээ, бир айгырды алып барганбыз, ушул күндөрү бир бээ кулундайт деп күтүп жатабыз. Ал аталган топ баккан кыргыз жылкысынын алгачкы тукуму болуп калмакчы.

Кыргызстанда кыргыз жылкысы советтик доордо этке союлуп, башка жылкылар менен аргындашып кеткен. Бийик тоодо кыш чилдесинде өзү жер челип, жем таап жеген, чыдамкай бул жаныбардын Кыргызстанда 20 миң чактысы гана калган, көбү Нарында. Рипардын айтымында, Мургабга да бул жылкыны Кыргызстандан алып барышкан:

- Кыргыз жылкысын сатып алыш өтө кыйын, саны аз. Анын үстүнө бул жылкыны малчылар мал бакканда минишет, ошондуктан, саткылары келбейт. Айгырды Алайдан таптык, ал эми үч бээни Нарындан алдык.

Кезегинде кыргыздар Нарындан Алайга тоо аралап, аска-зоо аркылуу өткөн бир таман жол аркылуу барышкан. Ал эми мургабдык жылкычылар бээлерди Нарындан Бишкек аркылуу алгач Ошко, кийин Мургабга атайын машинага жүктөп алып барышты. Рипар бул да оңой болбогонун белгилейт:

- Өтө кыйын болду. Анткени октябр айы болчу, Мургабдан үч жылкычы Ошко түшүп келди, алар менен Нарынга бардык, жол кар, муз эле. Жылкыны жеткириш үчүн алар баш-аягы үч миң чакырым жол жүрүштү. Кыйын болду, бирок акыры аман-эсен жетип алышты.

Жылкылар Чыгыш Памирге барганда кыйналган эмес, себеби эки жактын шарты бири-бирине жакын, анын үстүнө жылкынын кыргыз малчыларынын колуна түшкөндүгү да алардын жаңы шартка тез көнүшүнө огожо болду:

- Албетте, эки жакта тең бир эле эл. Анын үстүнө Мургабдын бийиктиги Нарындан көп айырмаланбайт, Нарында да абдан суук. Ошондуктан, жылкыга бийиктикке көнүш кыйын болгон жок. Адатта Памирге башка жактан жылкы алып келгенде, жылкылар чөбүн сиңире албай кыйналышат. Бирок нарындык бээлер Мургабга келээри менен эле эч кыйынчылыксыз оттоп кетишти. Азырга чейин көнүп кетүү жагынан эч маселе чыккан жок.

Мургабга туристтер адатта Ош аркылуу барышат, жип машинасы менен Оштон Алайга чейин алты саат, андан Мургабга чейин дагы алты саат. Жылда июлдун так ортосунда өтүп келаткан көчмөндөрдүн майрамында боз үйлөр тигилип, ат чабылат, улуттук оюндар ойнолот, акындардын айтышы, кол эмгектеринин көргөзмөсү болот.

Москвадан жеткирилген ымыркайлар

27-апрелде энелери төрөп, таштап кетип, Москвадагы балдар үйүндө тарбияланып жаткан Тимур, Арсен жана Нурбек аттуу наристелер Бишкекке алынып келинди.

Балдардын улуусу алты айлык, ал эми кичинесине үч ай гана болгон. Москвадагы бул балдар үйүндө кыргызстандык мигранттардын дагы жыйырмадай ташталган баласы багылууда.

Адистер акыркы кездери Орусиядагы кыргыз мигранттарынын арасынан төрөп, таштап кеткендер көбөйгөнүн белгилешүүдө.

Балдардын ата-энеси белгисиз

27-апрелде Кыргызстанга алынып келинген наристелердин улуусу алты айлык, экинчисине беш ай, ал эми үчүнчүсү январда гана көз жарган экен. Аларды Кыргызстанга алып келүүгө Социалдык өнүктүрүү министрлиги, Акыйкатчы институту жана Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги биргелешип камылга көргөн.

Социалдык өнүктүрүү министри Равшанбек Сабиров:

- Бул наристелер кечээ учак менен келишти. Алардын саламаттыгы абдан жакшы. Алар келгенге чейин бардык керектүү нерселерди даярдап, алып коюшкан. Бүгүнкү күндө алар Бишкектеги балдар үйүндө каралып жатат.

Ал эми аталган министрликтин Балдардын укугун коргоо башкармалыгынын башчысы Екатерина Хорошмандын айтымында, наристелердин ата-энелери белгисиз.

- Балдардын ата-энелери бизге белгисиз. Болгону алардын Москвадагы төрөтканага берген маалыматтары боюнча гана айрым нерселерди билебиз. Бирок алар өздөрү жөнүндө калтырган маалымат боюнча эки аялды сурап көрсөк, эч качан төрөшпөгөнүн, балдарын таштабаганын айтышты. Ошондуктан алар жасалма аттарды жана фамилияларды эле жазып коюшкан болушу мүмкүн. Ушундай жол менен биздин аялдар "артын тазалашат". Бул жерде алар белгисиз бойдон калууну каалашканы анык.

Дагы жыйырмадай бала бар

Министр Равшанбек Сабиров ымыркайлардын туугандарын издөө улана турганын айтты.

- Биз ИИМге жана башка укук коргоо органдарына кат жолдоп, туугандарын издейбиз. Эгер туугандары чыга турган болсо, ошолорго өткөрүп беребиз. Анткени былтыр да үч наристени алып келгенде, алардын экөөсүн туугандары алып кеткен. Бирөөсүн чоң энеси, дагы бирөөсүн тайжеси багып алган.

Тимур, Нурбек жана Арсен багылып келген Москвадагы балдар үйүндө дагы жыйырмадай кыргызстандык таштанды наристе бар экен. Алардын эң улуусу беш жашта. Булардын баарынын энелери төрөгөн кезде өздөрүн кыргызстандыкпыз деп айтышкан. Акыйкатчы Турсунбек Акун ымыркайларды алып келүүдөгү кыйынчылыктарга токтолду:

- Ал балдарды бул жакка алып келиш үчүн атасынын же апасынын макулдугу керек экен. Ал эми көбүнүн ата-энеси жок болуп жатат. Мисалы, кээ бирөөсүн Москвадан издеп, таппай жатабыз, дагы бири Кыргызстанга баса берген. Кээ бири уялып, ачыкка чыкпай жатат. Ушул иштер кыйынчылык туудуруп жатат.

Акыркы кездери Орусияда иштеп жүргөн кыргызстандык кыз-келиндердин жүрүм-турумуна байланышкан маселе коомдун көңүл борборунда болууда.

Москвадагы Эл аралык миграциялык борбордун энелер жана балдардын укугун коргоо департаментинин башчысы Урмат Байматова мындай тагдырга кириптер болгон кыздардын жигиттерин таап, аларды толук кандуу үй-бүлө кылууну максат кылып жатышканын айтты.

- Баланын жана өздөрүнүн проблемасы менен март айында менде 17 кыз катталды. Ар бир экинчи күнү катталып жатат десек да болот. Биз быйыл ушундай окуяларда баланын атасын кайсы жерден болсо да табууну максат кылып жатабыз. Мейли Кыргызстан, Тажикстан же Өзбекстан болобу, аталарын таап, балдар кандай гана болбосун өз аталары менен болсун деп жатабыз.

Урмат Байматова бул көйгөйдү чечүү максатында мигранттар арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү да зарыл экенин кошумчалады.

Кыргызстан-Орусия: Сөз көп, иш аз

25-27-апрелде Бишкекте кыргыз-орус өкмөттөр аралык комиссиянын кезектеги отуруму өттү.

Анда эки тараптуу экономикалык долбоорлор талкууланып, бирок кандайдыр бир чечимдер кабыл алынган жок.

Талдоочулар эки тараптуу негизги мамилелер Орусияда жаңыдан шайланган президент, азыркы өкмөт башчы Владимир Путин кызматына киришкенден кийин гана жанданарын айтышууда. Орусия Кыргызстандагы отун-энергетикалык долбоолорго кызыкдар болуп келатат.

Бишкекте Соода-экономикалык, илимий-техникалык жана гуманитардык кызматташтык боюнча кыргыз-орус өкмөттөр аралык комиссиянын 14-жыйынына Орусиянын бажы кызматынын төрагасы Андрей Бельянинов жетекчилик кылды. Ал журналисттер менен жолугушууда буларды билдирди:

- “Кыргызгаз” боюнча кыргыз өкмөтү менен “Газпром” ишканасынын ортосунда программа түзүлгөн. Ага ылайык, “Кыргызгазды” сатып алуу боюнча иштер жүрүп жатат. Ал эми Орусиянын Кыргызстандагы энергетикалык долбоорлорго катышуусу боюнча келишимдер сакталып турат. Биз аларды да өкмөттөр аралык комиссиянын ишинде эске алдык. Ал эми бул суроо боюнча бир канча убакыттар кийин “Интер” АКсына, “Русгидро” компанияларына кайрылсаңар болот деп айтар элем. Орусия үчүн Кыргызстандагы энергетикалык долбоорлорго катышуу абдан маанилүү.

Комиссиянын отурумунан кийин "Кыргыз Республикасы менен Орусия Федерациясынын ортосунда өз ара сооданын алкагында өткөрүлүп жаткан товарлардын документтерине белгилерди коюу схемасы" деп аталган жупуну келишимге кол коюлду.

Комиссиянын отурумуна Кыргызстан тараптан жетекчилик кылган биринчи вице-премьер-министр Аалы Карашев эки өлкө ортосундагы негизги келишимдер учурда такталып жатканын белгиледи.

- Марттын акырында бизге энергетика министри Сергей Шматко баштаган делегация да келип кеткени белгилүү. Азыркы кезде эки тараптуу ишке ашыра турган программанын долбоору Орусия тараптан Кыргызстанга келген. Азыр бул долбоор Кыргызстан тарабынан каралып жатат. Биз макулдашууга келип, программаны кабыл алгандан кийин ар бири боюнча иштей баштайбыз.

Путинди күткөн долбоорлор

Эки өлкөнүн ортосунда бир топ жылдан бери ишке ашпай келаткан ири энергетикалык жана аскерий келишимдер бар. Булар: “Кыргызгаз”, Камбар-Ата-1, Нарын суусунун боюна ГЭСтерди куруу, “Дастан” ишканасынын акциясын сатып алуу жана башкалар.

Бишкек жыл башында бул долбоорлорду ишке ашыра баштарын, эгер аларды ишке ашырууга Орусиянын ниети жок болсо, башка шериктерди издей турганын билдирген. Ал эми орус тарап мурда кабыл алынган бул келишимдерге өзгөртүүлөрдү киргизүү ниетин билдирүүдө.

Анткен менен талдоочулар Орусияда шайланган президент, азыркы өкмөт башчы Владимир Путин президенттик кызматына киришкенден кийин гана эки өлкөнүн ортосундагы мамилелер айкын болот деген пикирде. Жогорудагы талаштуу долбоорлорго да ошондон кийин гана кол коюлушу мүмкүн экендигин белгилешүүдө. Саясат таануучу Табылды Акеров:

- Орусия азыр документтерге кол коюуга шашылбай жатат десе болот. Себеби Путин президенттик ишине киришкенден кийин бул долбоорлорду кайра карап чыгып, балким кандайдыр бир өзгөртүүлөрдү киргизиши мүмкүн.

Владимир Путиндин ант берүү аземи 7-майга белгиленген. Ал эми Орусия келишимдерге өзгөртүү ниетин бул долбоорлордун чыгашалуу экендиги менен негиздеп жатат. Ошол эле кезде талдоочулар Орусия Кыргызстанда өз геосаясий таасиринде кармап турууну көздөй турганын айтышууда.

- Орусия Кыргызстанды өзүнүн геосаясий алкагында кармап турууга өтө кызыкдар. Ошондуктан Путин өз кызматына расмий киришкенден кийин чоң өзгөрүүлөр болушу мүмкүн.

Орусия тараптын билдиргенине караганда, эки өлкөнүн соода жүгүртүүсү өткөн жылы 1,7 миллиард доллар болгон. Бирок бул сумма реалдуу мүмкүнчүлүктөн кыйла аз экендигин белгилешүүдө.

Мигранттын акчасы аш-тойдон артпайт

Расмий маалыматтар боюнча, 2011-жылы Орусияда иштеп жүргөн кыргызстандыктар мекенине 1 млрд. 600 млн. доллар которуп, бюджетке көзгө көрүнөөлүк салым кошушкан.

“Азаттыктын” “Арай көз чарай” талкуусунда мигранттардын каражаты өнүгүүгө жумшалып жатабы, же аш-тойго чачылуудабы деген маселе ортого салынды.

Талкууга Каржы министри Акылбек Жапаров менен экономика илимдеринин доктору Айылчы Сарыбаев катышты.

“Азаттык”: Акылбек мырза, салыштыруу үчүн айта кетсеңиз, Кыргызстандын мамлекеттик бюджетинин быйылкы өлчөмү канча?

Жапаров: Быйыл биздики 95 млрд. сом болуп атат, муну долларга айландырсак 2 миллиарддан бир аз ашат. Сыртта жүргөн кыргызстандыктардын мекенине кайтарган акчасы мамлекеттик бюджеттен ашып түштү, анткени өткөн жылы расмий жолдор, банктар аркылуу гана которулган акчанын суммасы 1 млрд. 600 млн. доллар деп айтылып атат.

Орто эсеп менен Орусиядан ай сайын бир кишиден 270 доллардан 360 долларга чейин которуп турат. Ал эми алар өздөрү келе жатканда да накталай акчаларды чөнтөгүнө салып келишет, анын эсеби жок болгондуктан сыртта жүргөн мекендештер аркылуу Кыргызстанга келип жаткан акча өлкөнүн бир жылдык бюджетинен ашып түшөт деп айта алабыз.

“Азаттык”: Ошол келип жаткан акча аш-тойго чачылып эле жок болуп аткансыйт. Ошол акчаны андан ары дагы иштетип, пайдасын табуунун жолдору барбы?

Сарыбаев: Сыртта иштеп жүргөн балдарыбыз жиберип жаткан акча күнүмдүк керектөөгө, бул жактагы тууган-туушкандарын багууга, окутууга кетип калып, азыраак өлчөмү гана жер иштетип, мал сатып алууга жумшалып атат. Ошондуктан бул бизде баалардын кымбаттап, инфляциянын өсүшүнө да шарт түзүп берип жатат.

Акчаны үнөмдөө, аны кайра акча алып келе турган жакка жумшоо деген маданият бизде анча өнүкпөй жатат. Сырттан келип жаткан эле эмес, бул жакта тапкан акчаларын деле аш-той, куда-сөөккө жумшап салышууда. Же болбосо эки-үч кабаттуу үйлөрдү куруп коюп, анын баары пайдасыз туруп калууда. Муну “өлүк капитал” деп койот, бул биздин экономикабызга өтө зор зыян алып келет.

Талкууну толугу менен бул жерден угуңуз:





“Азаттык”: Сыртта жүргөн мигранттар өмүрү кыл учунда туруп иштеп таап жиберип жаткан акчаны пайдалуу жактарга жумшоого өкмөт кандай көрсөтмө, кеңеш бере алат?

Жапаров: Биз элге балдары кыйынчылык менен тапкан акчаны сарамжалдык менен сарптоо боюнча кеңеш берип, ошол жактан акчаны пайдалуу иштетүүгө шарт түзүп беришибиз керек. Аш-тойго чыгымдарды азайтып, кыйынчылык менен табылган акчаны артынан дагы акча алып келе тургандай кылып сарптоо керек.

Өткөн жылы 300 мигранттын сөөгү келген

Өткөн жылы Кыргызстанга сырттан 300 мигранттын сөөгү келген. Бул тууралуу тышкы иштер министри Руслан Казакбаев парламентте билдирди.

Тышкы иштер министри Руслан Казакбаевдин айтканы боюнча, 2011-жылы сырттан келген сөөктөрдүн көбү Орусия менен Казакстандан.

- 2011-жылы 300гө жакын адамдын сөөгү алынып келинген. Анын ичинен 168и Орусиядан, ал эми 42си Казакстандан, калганы башка мамлекеттерден.

Казакбаев быйыл жыл башынан бери 21 сөөк келгенин, анын ичинен жетөө киши колдуу болгонун кошумчалады. Бирок “Ата Журт” фракциясынын депутаты Акматбек Келдибеков быйыл каза тапкандар мындан да көп деген оюн айтты.

- Акыркы маалымат боюнча 30дан ашык жаран каза таап, Кыргызстанга алынып келинген. Бул өтө чоң трагедия. Каза тапкандар былтыркыдан да көп болуп кетпесин. Бул деген мамлекет алардын камын көргөн жок дегенди билдирет.

Мигранттарда да күнөө бар

Адистердин баасына караганда, чет жактан каза тапкан мигранттардын саны акыркы жылдары көбөйгөн. Сан жагынан мигранттардын басымдуу көпчүлүгү турган Орусиядан келген сөөктөрдүн саны да арбын. Москвадагы кыргыз диаспорасынын "Ала-Тоо" коомдук уюмунун жетекчиси Жамийла Бегиева, мисалы, кемчилик мигранттардын өздөрүнөн да кетип жатканын белгиледи.

- Көбүнчө мушташып, урушуп, бири-бирин өлтүрүп алгандардын саны да көп болуп жатат. Жайында сууга чөгүп кеткендер көп. Эс алганы барышып, сыра же арак ичишет. Былтыр Москвада эле ондон ашык адам сууга чөгүп кетти. Узак майрамдарда да каза тапкандардын саны көбөйүп кетет. Ошол күндөрү отуруш кылып майрамдашат. Баарын эле Кудайдан дейбиз, бирок сактансаң Кудай да сактайм дейт. Өздөрүнүн да күнөөсү бар. Арак ичип, кандайдыр себептер менен мушташат. Ошондой иштер бейажал өлүмгө алып келет.

Мындан тышкары орусиялык улутчул жаштардын колунан ажал тапкандардын саны да азайган жок. Маселен, ушул айдын башында эле Екатеринбург шаарында Кыргызстандын эки жараны ондогон бычак жеп, көз жумду. “Бирок Орусияда киши колдуу болгон ар бир эле жарандын окуясы иликтенип, акыр-агына чейин чыкпай калат”, – дейт Бегиева.

- Андайлар да болуп жатат. Бирок улутчулдар тарабынан өлдүбү, же башкадан өлдүбү, аны деле териштирген эч ким жок. Ошон үчүн өткөндө Атамбаев Москвага келгенде элчиликке дагы төрт юрист бергиле деп сурангам. Азыр аларды элчиликке алганы жатышат.

Мигранттардын укугу корголобу?

Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев ар бир өлүмдүн тек жайы иликтенет деп депутаттарды ишендирүүдө.

- Киши колдуу болуп өлгөн болсо, биздин Орусиядагы элчилик, Казакстандагы элчилик же кайсы жердеги гана болбосун консулдуктар расмий түрдө кайрылышат. Эл аралык эрежелердин негизинде консулдардын да ошондой укуктары бар.

Сыртта иштеген кыргыз жарандары, ар кандай маалыматтарга караганда, өз мекенине кеминде эле 1,5 миллиард доллардын тегерегинде каражат салышат. Бул өлкө бюджетинин жалпы суммасына жакын акча. Демек мигранттардын укуктарын коргоо мамлекет үчүн маанилүү болсо керек.

Өкмөт башчы Өмүрбек Бабанов мигранттардын укугу эми жакшы корголот деп парламентте билдирди.

- Алардын укугун коргоп, шарт түзүп бериш үчүн Тышкы иштер министрлиги толугу менен жооп берет. Ар бир элчи, ар бир консул жооп берет. Менимче биз, тескерисинче, жоопкерчиликти кайра күчөтүп, аларга шартты жакшылап түзүп бердик. Биздин жарандарды камап коёбу, же айлыктарын бербей коёбу, эгер элчи барып кайрылса, аны сөзсүз кабыл алат. Элчинин салмагы да чоң болот.

Ар кандай эсептөөлөр боюнча 1 миллиондун ар жак, бер жагындагы кыргызстандык сырт өлкөлөрдө иштешет. Буга чейин миграция өз алдынча министрлик болуп келген эле. Жыл башында өкмөт түзүмүндөгү өзгөрүүлөрдүн натыйжасында тышкы миграция Тышкы иштер министрлигине өткөрүлгөн болчу. Бирок министрликтин жоюлуп кеткенине сын пикирлер арбын айтылып келатат.

Жураев: Атамбаев НАТО саммитине барганы жакшы

Саясат талдоочу Эмил Жураев Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаевдин НАТО саммитине чакырылышы боюнча ой бөлүштү.

“Азаттык”: Бул чакыруу Атамбаевди кыйын абалга кептеген жокпу? Барса Орусияны каардантып, барбаса кесирлик кылып албайбы?

Эмил Жураев: Бир жагынан кыйын болгон менен, экинчи жактан чоң мүмкүнчүлүк болуп турат. НАТО саммитине буга чейинкидей эле мындан кийин да Кыргызстанды чакырбай коюшу мүмкүн. Анткени ал өтө эксклюзивдүү, жабык жыйын болот.

Буга Атамбаев Кыргызстандын атынан барышы керек. Бирок жакшы даярдык менен барышы зарыл. Кыргызстан жөнүндө, Кыргызстандын кызыкчылыктарын, буга чейин айтып келген сунуштарын дагы да тактап, Ооганстан боюнча, ал өлкөнү калыбына келтирүү боюнча Кыргызстан, Орто Азия жана башка мамлекеттер кандай салым кошоорун тактап айтып барганы өтө жакшы болмок.

Атамбаев кыйын абалга келип калды, ЖККУ, ШКУ уюмдары буга кандай карайт деп айтып жатпайбызбы, менимче, буга эч кандай деле чоң кооптонуу болбош керек.

Биринчиден, бул баары бир макулдашылат, анткени эч ким менен сүйлөшпөй туруп баруу мүмкүн эмес. Ошол макулдашууларда НАТОнун саммитине барганда башка регионалдык уюмдардын өкүлү катары да бара турганын айтышы керек. Ушул аймактык уюмдардын мүчөлөрүнүн кызыкчылыгын чагылдырып барса, албетте баары үчүн жакшы болмок, Кыргызстандын да беделин көтөрмөк, Кыргызстандын кызыкчылыктарын айтып кеткенге мүмкүнчүлүк болот.

“Азаттык”: Бул чакыруунун артында эмне жатышы мүмкүн?

Эмил Жураев: Азыркы учурда АКШда Ооганстандагы аскерий операциялар боюнча кыйын кырдаал болуп турат. Биринчиден, Атамбаевдин макулдугун, бекем колдоосун алууга жасалган кадам болсо керек. Ал жерде эң жогорку деңгээлде Обама баш болгон башка мамлекеттердин жетекчилери менен жолугушуулар болот. Ошого жараша чоң-чоң чечимдер кабыл алынышы керек.

“Азаттык”: Тышкы саясатта кандайдыр бир өзгөрүүлөр болушу мүмкүнбү?

Эмил Жураев: Кескин өзгөрүүлөр болушу күмөн. Биринчиден, Орусия менен байланышыбызды карап турабыз. Менимче, ал жак менен макулдашылат. Орусия өзү деле муну күтүүсүз окуя катары карабайт. Экинчиден, кырдаал Атамбаевдин ал жакта айткан позициясына жараша болушу мүмкүн. Бул жерде коркунуч деле жок.

Кыргызстан бул жыйында ЖККУнун атынан, аймактык мамлекеттердин атынан бир топ сунуштарды киргизе кетсе баары үчүн ынанымдуу мүмкүнчүлүк болот.

Спорт: Чемпионаттар парады

24-апрелде Түштүк Кореяда оор атлетикадан Азия чемпионаты башталды. АКШда өткөн ардагерлер арасындагы пауэрлифтинг дүйнө чемпионатында кыргыз балбаны 3-орунду ээледи.

23-апрелде АКШнын Денвер шаарында ардагерлер арасында чалкасынан жатып оордук көтөрүү боюнча дүйнө чемпионаты жыйынтыкталды.

Мында ардагер спортчулар жаш курагына ылайык 4 топко бөлүнүп мөрөй талашты. Бул дүйнөлүк таймашууга өлкөнүн пауэрлифтинг федерациясынын президенти Бакыт Керимбеков катышты. Ал 93 кило салмактагы 50 жаштан 60ка чейинки ардагерлер менен күч сынашты.

Жыйынтыгында Бакыт Керимбеков 217,5 кг. оордукту көтөрүп, дүйнө чемпионатынын коло байгесине ээ болду.

Мелдешке жыйырмадан ашуун өлкөнүн жүз элүүдөй ардагер спортчусу катышты.

Лондон олимпиадасы үчүн Азия таймашы

24-апрелде Түштүк Кореяда оор атлетика боюнча Азия чемпионаты башталды. Ага кыргызстандык балбандар да катышууда.

"Бул Азия чемпионатында байгелүү орундарды ээлеген спортчуларга Лондон олимпиадасына жолдомолор ыйгарылат. Ошондуктан бул Азия чемпионатындагы күч сынашуулар абдан маанилүү", - дейт федерациянын вице-президенти Улан Молдодосов.

Оор атлетика боюнча Азия чемпионаты 24-апрелден 30-апрелге чейин Түштүк Кореянын Пхентхэке шаарында өтүүдө. Кыргызстандын намысын 8 жигит, 1 балбан кыз коргоп жатат. Алардын катарында Азия Кубогунда мөрөй алган Бекзат Осмоналиев, Изат Артыков, Кубанычбек Токтоналиев сыяктуу намыскөй жигиттер бар.

Азия чемпионаты: Лариса Андрееванын күмүшү

23-апрелде Жапониянын Вакаяме шаарында фехтования боюнча Азия чемпионаты жыйынтыкталды. Мында жеңишке жетип, Азия чемпиону болгон спортчуларга Лондон олимпиадасына жолдомолор ыйгарылды. Кыргызстандын кыз-келиндер командасынан Лариса Андреева финалга чейин жетти. Баш байге үчүн шпага менен таймашууда жапондук Нозоми Наканого гана утулуп, күмүш байгелүү болду.

Дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин бөлүм башчысы Канат Арпачиевдин айтымында, эгерде Лариса Андреева жапон атаандашын утканда ага Лондон олимпиадасына жолдомо ыйгарылмак.

Эр-азаматтар командасы шпага боюнча мөрөй талашууларга катышты. Мында Евгений Наумкин жарым финалга чейин жетип, коло медаль үчүн таймашууда гонконгдук Ка Минг Леунгда утулуп калды.

Мерген Руслан Исмаилов Лондондо

24-апрелде Лондон шаарында ок атуу боюнча дүйнө кубогу үчүн мелдеш улантылды. Дүйнө кубогунда кыргызстандык мерген Руслан Исмаилов мөрөй талашууда. Аны менен жел мылтыктан 108 атаандаш таймашууда, 50 метр аралыкта жатып мылтык атууда.

Ок атуудан дүйнө кубогунун мелдештери 27-апрелде жыйынтыкталат.
Кыргызстандык мерген Руслан Исмаилов жакында эле Катарда өткөн эл аралык турнирде Лондон олимпиадасына жолдомо жеңип алган. Лондондогу мелдеш Руслан Исмаиловдун олимпиадага даярдыгына көмөкчү болмокчу.

Данияр Дулдаевдин даярдыгы дурус

24-апрелде кыргызстандык теннисчи Данияр Дулдаев Өзбекстандын Анжиян шаарында өтүп жаткан эл аралык мелдеште эки атаандашын утуп, мыктылар тобуна кошулду. Өткөн жумада Наманган шаарында эл аралык мелдеште жуп болуп атаандашууда Данияр Дулдаев экинчи орунду ээлеген.

Азиянын он мыктысы

Монголияда өткөн волейбол боюнча студенттердин Азия чемпионатында кыргызстандык 5 кыз он мыкты оюнчунун катарына кошулду. Бул тууралуу федерациянын башкы катчысы Кылычбек Сарбагышев “Азаттыкка” билдирди.

Кыргызстандык волейболчулар Анастасия Бедокурова, Анна Бедокурова, Анастасия Щеколова, Наиля Алиева жана Екатерина Щукина Азия чемпионатына алгач ирет катышса да он мыктынын катарына кошулуп, адистердин көңүлүнө толду.

Орусия-Тажикстан: Күн тартибинде аскердик база

Тажикстанда болгон орус тышкы иштер министри Сергей Лавров Дүйшөмбү шаарындагы бул жолку сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгына канааттанганын билдирди.

Бирок эң талылуу маселе – Орусиянын Тажикстандагы аскер базасынын туруу шарттарын жана болочогун тараптар макулдаша албай жаткандай.

Орус тышкы иштер министри Сергей Лавровдун айтымында, Тажикстандын жетекчилиги өлкө аймагында Орусиянын 201-аскерий базасынын жана башка объектилеринин калышына кызыкдар болгонун көрсөттү:

- Бүгүн Тажикстандын жетекчилигинин Орусиянын бул аскерий базасынын жана башка объектилеринин сакталуусуна кызыкдар экендиги ырасталды. Макулдашуунун долбоору сүйлөшүү баскычында турат. Сүйлөшүүлөр уланат. Тажикстандын президенти сүйлөшүү жараянын тездетүү боюнча тапшырмалар берилерин айтты. Биз дагы өз тарабыбыздан буга даяр болобуз.

Орусиянын Тажикстандагы базасынын болочогу жөнүндөгү маселе күн тартибине он жылга түзүлгөн мурдагы келишимдин мөөнөтү 2014-жылы бүтө тургандыгынан улам чыгууда. Орусиянын кызмат мөөнөтү аяктап жаткан президенти Дмитрий Медведев былтыр сентябрда Дүйшөмбү шаарында болгон учурунда базанын турушу боюнча эми 49 жылга эсептелген жаңы келишимге быйылкы жылдын биринчи кварталы ичинде кол коюу мерчемделип жатканын айткан. Бирок турмуш тараптар бул мөөнөткө жетише албаганын көрсөттү.

Борбор Азия өлкөлөрүнө адистешкен москвалык журналист, орус тышкы иштер министрин Дүйшөмбүгө коштоп барган Аркадий Дубнов:

- Мен түшүнгөндөн Тажикстан базанын жайгашуусу үчүн койгон шарттар жана Орусиянын аларды кабыл алууга даярдыгы боюнча мунаса чечим табыла электей. Бекеринен Лавров Рахмон өз мекемелерине макулдашуунун үстүнөн ишти улантууга көрсөтмө бергенине канааттанганын айткан жок. Бул али проблемалар, макулдаша элек маселер бар болгонунан кабар берет.

Аскерий база боюнча сүйлөшүүлөрдүн татаалдашуусуна, атап айтканда расмий Дүйшөмбүнүн турумунун катаалдашуусуна былтыр күздөн берки жараяндар да түрткү берди окшойт.

Былтыр ноябрда эки орус учкучун соттой койгон Тажикстан Москванын адаттан тыш кысымына кабылган соң аларды кайра бошотууга аргасыз болгон эле. Айрым талдоочулар, бул окуянын Тажикстандын Орусия алдындагы алсыздыгын өзү далилдеп берүүсү катары баалашкан.

Тажикстан ижара акы алгысы келет

Жыл башында кыргыз президенти Алмазбек Атамбаев Орусия аскерий объекттер үчүн ижара акысын төлөбөй келгенин айтып, 15 миллион доллардык карызды өндүргөндөн кийин Тажикстандын Орусиядагы элчиси Абдулмажит Достиев алар эгер Москва аскерий базасынын туруу мөөнөтүн 49 жылга узарткысы келсе, бул үчүн 300 миллион доллар ижара акысын төлөөсүн же ушундай көлөмдө аскерий-техникалык жардам берүүсүн кааларын билдирген болчу.

Дүйшөмбүлүк саясат таануучу Саймудин Дустов Тажикстан ижара акысы милдеттүү түрдө төлөнүшү, келишим кыскараак мөөнөткө түзүлүшү керек деген турумду карманууда:

- Лавров мырзанын күлкүсүнө жана сөздөрүнө карабай, эксперттер ал тажик тарапты турумун өзгөртүүгө ынандыра алган жок деп ойлошууда. Албетте тажик тарап ижара акысын талап кылып жатат. Тажикстан эгер эмгек мигранттарына жеңилдик берилсе, орус базасынын он жылдан көп эмес мөөнөткө туруусуна көнөт. Учкучтардын ишинен кийин азыр Тажикстанда Орусияга ишенгендер аз.

Жакында эле тажик президенти Эмомали Рахмон Орусияны стратегиялык өнөктөшүнүн кызыкчылыктарын сыйлоого чакырып, Тажикстандагыдай объекттерге Орусия башка бир да жерде ээ эместигин белгилеген.

Орусиянын жети миңдей жоокери Дүйшөмбү, Куляб, Коргон-Төбөдөн алыс эмес жерде үч аскерий гарнизондо жайгашкан. Алар Москванын чет жердеги эң ири аскерий контингенти катары эсептелинет.

Апта: Үзүлгөн сүйлөшүү, маалыматтык чабуул...

Оппозиция митингинен, Ош, 1-март, 2012.

Кыргызстан сырттан каражат издөөгө киришти. Бишкек менен Москванын ортосунда маалыматтык согуштун учкундары байкала баштады.

8-апрелге белгиленген өкмөт менен оппозициянын сүйлөшүүсү үзгүлтүккө учурады. Оппозицияны сүйлөшүүнүн орду жана мезгили канаатандырбады. Алар сүйлөшүү түз эфирде болуш керек деген шартты коюп келишкен.

Үзүлгөн сүйлөшүү уланабы?

Өкмөт башчы Өмүрбек Бабанов сүйлөшүүнү мамлекеттик Ала-Арча резиденциясына дайындап, ал жерге бир нече министр жана коомдук ишмерлер менен келген. Бирок шарттары аткарылбагандыктан оппозиция лидерлери келбей коюшту.

Ошентип өкмөт башчы менен оппозициянын сүйлөшүүсү болбой калды. Эми келечекте Өмүрбек Бабанов менен алардын сүйлөшүүсү күмөндүү. Муну “Ата-Журттун” лидери Камчыбек Ташиев тастыктап, Бабанов менен сүйлөшүү эми болбосун билдирүүдө.

Мына ушундай кырдаалда президент өзүнүн арбитрдик функциясын аткарып, келишпеген тараптарды бир жерге отургузуш керек деген пикирлер айтыла баштады.

“Кылым шамы” уюмунун лидери Азиза Абдирасулова өкмөт менен оппозициянын диалогун уюштурууда нейтралдуу орун тандалып, ага калыс адамдардын катышуусу зарыл деп эсептейт:

- Президент катышса да болот эле бул жерде. Жөнөкөй акын-жазуучу, интеллигенттерден тартып, эл аралык уюмдардан өкүл болсо да болот. Эң башкысы - эки тарапка тең тартпаган, эки тарап ишенген, ортодогу калыс адам болуш керек. Ошондо сүйлөшүү болот.

Эгерде тараптар сүйлөшүүгө келбесе, анда митингдер күчөп, өлкө туруксуздуктун кучагына кире баштайт. Туруксуздук бери дегенде социалдык-экономикалык абалдын начарлашы, инвесторлордун качуусуна алып келет. Ары дегенде июнь окуясы сыяктуу опурталдуу жагдайлар менен коштолот. Андай жагдайлар алыс эместигин жакынкы өткөн күндөгү Таластагы митинг тастыктады.

Ал окуяны атайын кызматтын генералы Артур Медетбеков мындай баалады:

- Ош, Баткен, Жалал-Абадда митингдер тынч өтсө, Таласта бийликтегилер бир элди экиге бөлүп, чатак чыгарып жиберишти. Чатак чыгарышып гезиттерди өрттөп, желектерди өрттөп, элди экиге бөлүп салышты.

Оппозиция Таласта митингге чыккандардын алар менен байланышы жок экенин айтып, алардын митингдери талаптар аткарылбаса эми башталарын эскертүүдө.

Оппозиция лидерлеринин бири Кубанычбек Кадыров:

- 21-апрелден кийин митингге чыгабыз деп Көлдөн, Нарындан, Чүйдөн телефон чалып, суранып жатышат. Алар бүгүнкү күндө өкмөттүн ишине нааразыбыз дешүүдө. Эми адамдар чыгабыз деп жатса, биз эмне үчүн ал жерге барып сүйлөгөнгө укугубуз жок?

Өлкөдө кырдаалдын курчуусуна Орусия менен Кыргызстандын жетекчилигинин ортосунда пайда болгон келишпестиктер ого бетер кошул-ташыл болот деген шек бар. Анын натыйжасында Кыргызстандын улуттук кызыкчылыгы жабыркайт деген санаркоо күчтүү.

Мына ошол себептен айрым депутаттар улуттук кызыкчылыктарды аныктоо үчүн бийлик менен оппозициянын альянсын түзүүнү сунушташты. Бул демилге эки тараптан колдоо табаары азырынча белгисиз.

Оторбаев "от" издеп кетти

Өкмөт каражат издөөгө активдүү түрдө киришти. Вице-премьер-министр Жоомарт Оторбаев Кыргызстандын ири донорлорунун бири Швейцарияга, андан ары Вашингтондогу эл аралык финансы уюмдарына иш сапар жасап, насыя, инвестиция сурап чыкты. Маселен, Швейцариянын расмий өкүлдөрү менен жолугушууда Оторбаев Кыргызстандын туризм, саламаттык сактоо, билим берүү жана жарандык коомго каражат бөлүүнү сурады. Ал ошондой эле Эл аралык финансы уюмдары Кыргызстандагы өзгөрүүлөргө жетиштүү салым да кошпой, көңүл да бурбай жатат деп Вашингтондо сынга алды. Бул бир жагынан түшүнүктүү. Анткени Кыргызстандын финансылык абалы өтө оорлошуп баратат. Кошумча каражат өтө зарыл.

Түшүнүксүз жагы болсо, Эл аралык валюта фонду жана Дүйнөлүк банк да Кыргызстан менен жетишилген келишимдердин негизинде бир катар долбоорлорду каржылап жатат. Маселен, Эл аралык валюта корунан болсо үч жылдык кызматташуу программасынын негизинде 106 млн. доллар насыя бөлгөн жана бөлүп-бөлүп берилүүдө. Мындай шартта аларды айыптоо айласы кеткендиктин белгисиндей.

Өлкөнүн финасылык абалы оордугу ички карыздын акыркы мезгилде кескин өсүүсүнөн да байкалат. Маселен, ал өткөн жылга салыштырмалуу ички карыз 40 пайызга өсүп, 12 млрд. 874 млн. сомго жеткен. Тышкы карыздын көлөмү 3 млрд. долларга жакындап баратат.

Өкмөт өткөргөн 100 күндүк реформа убагында ички дүң продукция 7 пайызга төмөндөп, кайра иштетүү тармагы таптакыр ылдыйлап кетти. Эгер абал жакшырбаса, Кыргызстан дефолтко кабылат деген божомолдор экономисттер тарабынан айтыла баштады.

Мына ушундай көрүнүштөрдөн уламбы, айтор, өкмөттүн дарегине айтылган сындар коалициянын ичинде да көбөйө баштады. Өзгөчө президентке жакын Социал-демократиялык фракция сынды күчөттү. Маселен, фракциянын лидери Чыныбай Турсунбеков акыркы үч айда экономикада абал начарлаганын айтса, дагы бир көрүнүктүү социал-демократчы Галина Скрипкина Финансы полициясын жоюу, анын ордуна Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматты түзүү мыйзамсыз болгонун билдирди.

Коалициянын мүчөсү болгон “Ар-намыс” жана “Ата Мекен” фракциялары да өкмөт жана анын 100 күндүк программасын сынга алышты. “Ата Мекен” фракциясынын мүчөсү Райкан Төлөгөнов 100 күндүк программаны аткаруу "эки" деген баага татыганын айтса, “Ар-намыс” абал жакшырбады деп сындады. Ал эми оппозиция болсо өкмөттүн кызматтан кетүүсүн талап кылып келатат.

Өкмөт мына ушул программасы боюнча 24-апрелде парламентте отчет берет.

Коалицияга мүчө фракциялардын сынына жана оппозициянын позициясына караганда, 24-апрелде өкмөткө ишеним көрсөтпөө демилгеси көтөрүлчүдөй.

Бирок 100 күндүн ичинде эч нерсе өзгөрүп кетпейт, өкмөт эми гана реформаларды жүргүзүүгө камданды дегендер да жок эмес. Депутат Өмүрбек Абдырахманов:

- Үч айдын ичинде мамлекетте чоң өзгөртүү болуп кетиши мүмкүн эмес. Азыр бул өкмөт эң күйүп бараткан күнүмдүк маселелерди чечүү менен алек. Бирок 100 күн деп программа түзүшкөн. Ал программанын ичинде системаны өзгөртө турган нерселер жок болчу. Бирок алдыда турган тоскоолдуктарды алып салабыз дешкен. Аны башташты. 100 күндө ээрге дурустап отуруп, эми реформаларды баштай турган убак келди.

Маалыматтык согуштун учкундары

Кыргызстандын тышкы саясатында узап бараткан аптада көрүнүктүү окуя болуп кеткен жок. Бирок Орусиянын айрым саясат таануучулары, маалымат каражаттары тарабынан жүргүзүлө баштаган маалыматтык согуштун учкундары байкала баштады.

Кыргызстан тарабынан да Москвага нааразылык ачык түрдө айтыла баштады. Маселен, өкмөт башчы Өмүрбек Бабанов “Орусия милдеттерин аткарбай жатат” деп ачык билдирди.

Эки ортодогу келишпестик Кыргызстанда жаңы курула турган ГЭСтерге байланыштуу экени маалым. Москва андагы үлүштөрүн 75% жеткирүү талабын коюп жатат. Алмазбек Атамбаев баш болгон кыргыз бийлиги ага кескин каршы чыгууда.

Бишкек муну менен чектелбей, Кытай менен айрым энергетикалык долбоорлорду ишке ашырууга киришти. Маселен, “Датка” подстанциясы үчүн 208 млн. доллар насыя алынып, курулуш иштери башталды. "Датка-Кемин" электр линиясын тартуу үчүн 380 млн. долларлык келишимге ошол эле Кытай менен жетишилди.

Кыргызстан Түркия, Катар жана Азербайжан менен да инвестиция боюнча сүйлөшүү жүргүзө баштады. Азербайжан менен сүйлөшүүдө мунайды кайра иштетүү заводун куруу максаты коюлду. Бул долбоор ишке кирсе, Кыргызстан Орусиядан күйүүчү май жагынан көз каранды болбой калат.

Кыргыз бийлигинин мына ушундай жүрүш-турушу Кремлге албетте жаккан жок. Натыйжада күтүлгөндөй эле маалымат чабуулу чыга баштады. Маселен, Александр Князов сыяктуу саясий адистер менен Кадыржан Батыровго жакын деп эсептелген “Алишер Навои” аттуу уюмдардын Кыргызстанга каршы билдирүүлөрү бир убакта чыга баштады.

Улуттук коопсуздук кызматынын төрагасынын мурунку орун басары Марат Иманкулов стратегиялык өнөктөш болгон Орусия менен маселелерди “ийри отуруп, түз кеңешүү” аркылуу чечүү зарыл деп эсептейт:
100 күндө ээрге дурустап отуруп, эми реформаларды баштай турган убак келди.

- Эми ийри отуруп, түз сүйлөшүш керек. Орусияны негизги өнөктөш деп аткандан кийин алар менен ачык сүйлөшүп, ачык чечиш керек. Анткени инвесторлор Орусиядан болобу, башка жактан болобу пайдасын көрөбүз, инвестициясын алып келишет. Алардын кызыкчылыгы сакталып, биздин мамлекеттин кызыкчылыгы орундалыш керек. Ошон үчүн мунаса, баланс табыш керек.

Бирок стратегиялык өнөктөш Кыргызстандын кызыкчылыгын түшүнө алабы?

Кошуна Тажикстандын тажрыйбасы көрсөткөндөй, Кремлден андай түшүнүү табыш кыйын. Бул өлкөнүн президенти Эмомали Рахмон “Москва биздин кызыкчылыкты урматтай турган мезгил келди”, - деп зар какшап жатат. Бирок түшүнүү байкала элек.

Азыркы мезгилге карай Кыргызстан менен Орусия аткарууну белгилеген энергетикалык долбоорлор туңгуюкта турат.

Өкмөт башчы Бабанов 10-апрелден кийин башка инвесторлорго кайрылууга жолубуз ачык болот деп айткан. Бирок ага батынган кадам жасала элек. Кыязы сөздүн бардыгы Алмазбек Атамбаевдин Москвага жакынкы мезгилге белгиленген сапарында болчудай.

Казакстан: Көз карандысыз журналист бычакталды

Бычакталган журналист ооруканга алынып келинген учур.

Батыш Казакстандын Орал шаарында бычакталган журналист оор абалда ооруканада жатат. Жергиликтүү жана эл аралык медиа уюмдар бул окуяны кескин айыптап, казак бийликтеринен кылдат, ачык-айкын иликтөөнү талап кылышты.

“Уральская неделя” гезитинин журналисти Лукпан Ахмедьяровго белгисиз бирөөлөр бейшембинин кечинде өзү жашаган көп кабаттуу үйдүн алдына тамеки чеккени чыкканда кол салышкан.

Ахмедьяров иштеген гезиттин башкы редактору Тамара Еслямованын бычак жеген журналисттин коңшуларына шилтеме жасап “Азаттыкка” айтканына караганда, кол салгандар бешөө болгон.

Казакстандын Журналисттер союзунун төрагасы Сейтказы Матаев атайын Алматыда чакырылган басма сөз жыйында калемгердин абалы тууралуу буларды айтты:

- Биз билгенден оболу трамватикалык тапанчадан атышкан. Андан кийин сегиз ирет жаракат (бычактан) сайылган. Өлтүрбөсө да, абалын өлүмгө жакындатышкан. Оролда үч саат операция кылышыптыр, абалы абдан оор.

Оролдук журналисттер, активисттер Лукпан Ахмедьяровдун өмүрүнө кол салынышын анын журналисттик жана жарандык ишмердиги менен байланыштырууда. Алардын ырастоосунда, бычакталган журналист “Макул эместер” кыймылынын 28-апрелге белгиленген митингин колдоого агитация жүргүзүп жаткан.

Орал шаардык полициясынын билдиргенине караганда, окуя боюнча Кылмыш кодексинин “атайлап өлтүрүү үчүн кол салуу” беренеси боюнча кылмыш иши козголду. Кылмыш иш ИИМдин жетекчилигинин көзөмөлүндө турат.

Журналистке кол салынат, бирок кесибине байланыштырылбайт

Казакстанда сөз эркиндигин коргоо менен алектенген бейөкмөт уюм – “Адил сөз” корунун төрайымы Тамара Калиева Алматыдагы басма сөз жыйынында белгилегендей, Казакстанда журналисттерге кол салуулар көп кездешкени менен, адатта анын себеби башкача чечмеленип жүрөт:

- Бул акыркы чек. Мындан кийин эгер биз азыр “Токтотуу керек!” деп чогуу жана катуу айтпасак, тикелей өлтүрүүлөр кетет. Андыктан биз ички иштер министрине, Башкы прокуратурага, журналисттерге жасалган кол салууларды, өзгөчө өлтүрүү үчүн жасалган кол салууларды алардын кесиптик ишмердиги аркылуу караганга мезгил келди деп кайрылып жатабыз. Бизде журналисттерге кол салуулар такай болот. Жылына биз ондон жыйырмага чейинки учурду каттайбыз. Уруп-согушат, жабдууларын сындырышат, майып кылып коюшат. Эреже болгондой, андан кийин кылмыш ишин козгошпойт, кол салууларды журналисттердин кесиптик иши менен эч качан байланыштырышпайт.

“Адил сөз” корунун төрайымы Тамара Калиева кошумчалгандай, бычакталган журналист Лукпан Ахмедьяров иштеген “Уральская неделя” гезити бийликтин "баш оорусу" болуп келген:

- Биз “Уральская неделя” тагдыры оор, бирок суктанарлык басылма деп көп айтканбыз. Ал чындап көз карандысыз саналуу басылмалардын бири. Анткени акимчиликке же демөөрчүсүнө тизе бүкпөйт. Себеби алардын мындайлары жок. Ушундан улам аларды жыл сайын банкрот кылып, жабууга аракеттенишет. Лукпан Ахмедьяровго карата да буга чейин сот өкүмдөрү чыккан. Сотту урматтабаган, кандайдыр бир нааразылык акцияларына катышкан деген жүйө менен камакка да алышкан. Алар көз-карашын айтуудан коркпогон, өз көз-караштары үчүн күрөшкөн адамдар.

Лукпан Ахмедьяров Орал шаарындагы митингде сүйлөөдө. 24-март, 2012-жыл.
Лукпан Ахмедьяров Орал шаарындагы митингде сүйлөөдө. 24-март, 2012-жыл.
Маалыматтарга караганда, 2009-жылдын соңунда эле Лукпан Ахмедьяровдун курч макалаларынан улам бийлик өкүлдөрү тарабынан “жалган жалаа жапты” деген жүйө менен сотко үч ирет доо арыз жолдонгон.

Казакстандык журналисттин бычакталышын эл аралык медиа уюмдар да кескин айыпташты. Журналисттерди коргоо боюнча Нью-Йорктогу комитет казак бийликтерин күнөөлүүлөрдү жоопко тартууга чакырды.

Бул уюмдун директорунун орун басары Роберт Махони өз билдирүүсүндө белгилегендей, Ахмедьяровдун иши Казакстанда көз карандысыз журналист болуу канчалык опурталдуу экендигин көрсөттү.

Лукпанды колдоо акциясы
please wait

No media source currently available

0:00 0:00:48 0:00

Европадагы Коопсуздук жана кызматташтык уюму болсо кол салууну “үрөй учурарлык” деп мүнөздөп, анын журналисттин кесиптик ишмердигине байланышы бар же жогун аныктоо абдан маанилүү экендигин белгилейт.

"Чек арадагы үйдү сатпа!"

Кыргыз-өзбек чек арасы

Кыргызстанда чек ара айылдарындагы турак жайларды чет өлкөлүк жарандарга сатууга тыюу салуу сунушталууда.

Мындай демилге “Ата Мекен” фракциясынын бүгүнкү жыйынында көтөрүлдү. Өкмөт Кыргызстанга тиешелүү турак-үйлөр дале болсо коңшу тажик атуулдарына сатылып жатканын тастыктап, маселени чек ара айылдарына өзгөчө макам берүү менен чечебиз деп жатат.

Ал эми жергиликтүү тургундар коңшулар менен талаштуу жерлер такталмайынча чыр-чатактар чыкканы чыккан дешет.

Чек араны мыйзам бекемдейби?

Кыргызстандын Тажикстан жана Өзбекстан менен чектеш айылдарында кыргыз жарандары турак жайларын коңшу өлкөнүн жаранына сатып, көчүп кеткен учурлар уланууда. Өзгөчө талаштуу аймактарда жердин коңшу өлкөгө өтүп кетишин токтотуу үчүн эл өкүлдөрү атайын мыйзам кабыл алууну сунушташууда. Алардын бири - “Ата Мекен” фракциясынан депутат Бактыбек Калмаматов:

- Чек арада жашаган жарандар үйлөрүн сатууга муктаж болсо, аны мамлекетке сатыш керек. Кошуна мамлекеттин же чет өлкөнүн жарандарына сатууга тыюу салуу боюнча мыйзамды алып киргизели деп жатабыз. Эгер үйдү сатып жибере турган болсо, ал адам жаза тарткандай кылып, көрүнүшкө тез арада бөгөт коюшубуз керек.

Өкмөттүн чек араларды делимитациялоо жана чек ара аймактарын өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Курбанбай Искандаровдун билдиришинче, чек ара айылдарында миграциянын күч алып, социалдык шартын начарлашы кыргыздардын көчүп кетишине себеп болууда. Бул маселе өзгөчө Баткен облусунда көбүрөөк байкалып жатат:

- Мисалы, Лейлектин Максат айылында мамлекет тарабынан атайын курулган 62 үй шарттын жоктугуна байланыштуу ташталып, сатылып кеткен. Азыр деле ушундай маселе Баткен районунда бар. Таш-Тумшук айылындагы үйлөр тажик жарандарына сатылып, мамлекет акча бөлүп, кайра сатылып алынып, чек арачыларга берилди. Лейлек районундагы Арка массивинде чек ара кайтарылбай, ачык турат. Ал жерде 60тан ашык үй тажик жарандарына сатылып кеткен.

Үйлөрдүн сатылышы боюнча тажик тараптын позициясы азырынча белгисиз.

Өзгөчө макамдан өзгөрүү болобу?

Өкмөт Кыргызстандын чегинде жашаган жарандардын агымын токтотуу үчүн “Өзгөчө макамы бар айрым чек ара аймактарынын коопсуздугун камсыздоо жана өнүктүрүү боюнча мамлекеттик программа” иштеп чыкты. Ага ылайык, тургундар көчүп кетүү коркунучу көбүрөөк делген Баткендеги 50 айыл, Жалал-Абаддагы 8, Оштогу 2, Ысык-Көлдөгү 4, Нарындагы 1 айыл өзгөчө макамга ээ болот.

Бул программа Жогорку Кеңеште жактырылса, чек ара айылдарына мектеп курулуп, социалдык муктаждыктар камсыз кылынат. Бирок Баткен районунун Ак-Сай айылынын тургуну Таалай Ибраимовдун пикиринде, алгач чек арадагы талаштуу жерлер такталышы абзел:

- Чек арада сатылып кетип жаткан үйлөрдү кыргыздар биздики десе, ошол эле учурда тажиктер да биздики дешет. Себеби ал жерде эки-үч жолу делимитация жүрүп, алар башка, биз башка картаны көтөрүп чыгып жатабыз. Чек ара айылдарында социалдык объекттерди салуу керек. Бирок биринчи кезекте чек ара такталып бүтпөсө, кыйын болот.

Кыргызстан эгемендик алгандан бери Тажикстан жана Өзбекстан менен чек арасында талаштуу аймактар боюнча мунаса табылбай келет. Өкмөттүн Чек араларды делимитациялоо бөлүмүнүн маалыматы боюнча, Өзбекстан кыргыз тарап менен макулдашпастан 600 чакырым чек арасын аң казып, коруп алды. Тажик тарап 2012-жылы Кыргызстан менен чек араны тактап бүтөм деп ниеттенип келет. Бирок бул өлкө менен талаштуу жайлоолордун маселеси алигиче чечиле элек.

Чек араны тактоо комиссиясынын мурдагы жетекчиси Саламат Аламанов чек ара маселесине өлкөнүн жогорку саясий бийлиги көңүл бурушу керек деп эсептейт:

- Саясий эрк деген эки тараптын саясий чек араны чечүүгө конституциялык укугу бар деңгээлдеги адамдар же уюмдар сүйлөшүп туруп, бир чечимге келиши. Эксперттерди "барып чечип кел" деп кыйнай бербей, “биз мындай чечтик, мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн ушул керек, мамлекеттин чек арасын ушуну менен бүткөрүү керек” деп саясий бийлик директива бериши керек. Башкача айтканда тапшырма берүү абзел. Ошондо эксперттер ошол тапшырма боюнча иш алып барат. Мындай маселени эксперттер өздөрү чече албайт.

Чек ара такталбагандыктан жергиликтүү тургундар арасында жыл сайын карама-каршылыктар чыгып келет. Расмий маалымат боюнча, 2011-жылы Кыргызстандын Өзбекстан жана Тажикстан менен чектешкан аймактарында 50дөн ашуун чыр-чатак катталган.

Мергендер мөрөй талашууда

20-апрелде Лондондогу ок атуу боюнча дүйнө кубогуна мерген Руслан Исмаилов катышууда. Грек-рим, эркин күрөш балбандары Кытайдагы турнирге катышат.

20-апрелде Лондон шаарында ок атуу боюнча Дүйнө кубогу үчүн мелдеш башталды. Мында кыргызстандык мерген Руслан Исмаилов мөрөй талашууда. Аны менен жел мылтыктан 53 атаандаш таймашууда.

10 метр аралыкта тапанча атууда кыз-келиндерден кытайлык Тьен Ча Чен баш байгени утуп алды. Кыз-келиндерден мылтыкты таамай аткан германиялык Соня Пфейлшифтер болду. Дүйнө кубогу 27-апрелде жыйынтыкталат.

Кыргызстандык мерген Руслан Исмаилов жакында эле Катар өлкөсүндө өткөн эл аралык турнирде Лондон олимпиадасына жолдомо жеңип алган. Лондондогу Дүйнө кубогунун мелдештери Руслан Исмаиловдун олимпиадага даярдыгынын маанилүү этабы болмокчу.

Расул Абдураим Азия чемпионатына катышат

Учурда кыргызстандык 6 спортчунун гана Лондон олимпиадасына жолдомосу бар. Алар олимпиадалык таймашууларга даярдык көрүшүүдө.

Олимпиадага жолдомо алган 6 спортчунун бири таэквондочу Расул Абдураим Вьетнамда өтчү Азия чемпионатына катышканы даярданууда.

Быйылкы Азия чемпионаты Хошимин шаарында 7-майдан 11-майга чейин өтөт. Расул Абдураим 74 кг. салмакта күч сынашат. Ал учурда устаты Ли Сын Гю менен Түштүк Кореяда машыгуудан өтүүдө.

Балбандар олимпиадалык жолдомо алууга дилгир

Грек-рим жана эркин күрөш боюнча өлкөнүн тандалган балбандары Кытайда өтө турган жеңүүчүлөргө Лондон олимпиадасына жолдомо бериле турган эл аралык турнирге катышат. Астанада өткөн Азия мелдешинде эркин күрөштөн бир дагы балбан Лондон олимпиадасына жолдомо албай калышкан. Ошондуктан каталарды эске алып, айрым балбандарды алмаштырып, катуу даярдык көрүп жатышканын эркин күрөш федерациясынын вице-президенти Жеңиш Дөңбаев “Азаттыкка” айтып берди.

Кытайдын Тайюан шаарында 27-апрелде баштала турган олимпиадалык турнирде эркин күрөштөн жети балбан катышат. Алардын катарында Азия чемпиондору Базар Базаргуриев менен Магомед Мусаев бар. Жеңил салмакта Нурлан Макеналиевдин ордуна Алтынбек Алымбаев барат. Жаштар арасында дүйнө чемпиону Улан Надырбек уулу бул жолу Кытайдагы мелдешке барбайт. Бул салмакта Базар Базаргуриев тагдырын сынап көргөнү турат. Мындан сырткары 66 кг. салмакта Азат Мирахимов, 74 кг. салмакта Баатыр Базаров өлкө намысын коргойт. Айбек Усупов менен Айаал Лазарев да Кытайдагы олимпиадалык турнирге катышат.

Канат Бегалиевдин жолу болобу?

Астанада өткөн Азиялык мелдеште грек-рим күрөшүнөн Азия оюндарынын чемпиону Данияр Көбөнов гана Лондон олимпиадасына жолдомо алган. Кыргызстанды эл аралык аренага таанытып жүргөн Бээжин олимпиадасынын күмүш байге ээси Канат Бегалиев, Бээжинде олимпиадалык коло медал уткан Руслан Түмөнбаев баштаган жигиттер Лондонго жолдомо албай калышкан.

Ошондуктан Кытайдын Тайюан шаарында 27-апрелде баштала турган олимпиадалык турнирге грек-рим күрөшүнөн 6 балбан катышат. Жеңил салмакта олимпиадалык жолдомо алууга аракет кылаарын, Азия оюндарынын күмүш байге ээси Каныбек Жолчубеков “Азаттыкка” айтып берди.

Бээжинде олимпиадалык коло медал уткан Руслан Түмөнбаев бул ирет эс алып, Кытайдагы мелдешке барбайт. Анын ордуна Азия чемпионаттарында мөрөй алып жүргөн Атай Койчукулов бармак болду.

Данияр Дулдаев баш байгеге талапкер

Кыргызстандык теннисчи Данияр Дулдаев Өзбекстандын Наманган шаарында эл аралык мелдеште жуп болуп атаандашууда финалга чыкты.

Данияр Дулдаев орусиялык өнөгү Федор Червяков менен бирге жарым финалда беларус Сиархей Бетао жана Андрей Василевскийди 6:3, 6:3 эсебинде жеңип алышты. Эми алар финалда украиналык Владислав Манафов менен беларус Ярослав Шила менен оюн өткөрөт.

Казакстан: "террорчуларга" катаал жаза

Атырауда 47 киши «террорчу» деп соттолду
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:47 0:00

Атырау шаарында сот көптөн бери аягына чыкпай келаткан ишке чекит коюп, террордук аракеттери үчүн шектелип жаткан 47 адамга катаал өкүм чыгарды. 5 адам өткөн жылдын октябрь айында Атыраудагы жардырууну уюштурганы үчүн айыпталып, 6 жылдан 12 жылга чейин түрмөгө кесилди. Калган 42си болсо 5 жылдан 15 жылга чейин абакта отурушат.

Атырау облустук прокуратурасынын Тергөө мыйзамдуулугун көзөмөлдөө башкармалыгынын жетекчиси Галымжан Кулманов айыпталуучулар күнөөсүн толук мойнуна алганын айтты. Бирок соттолгондордун жакындары күнөөсүз жигиттерге үрөй учурган кине коюп, ак жерден соттоп салышканын айтып нааразы. Жергиликтүү укук коргоочулар да эки ирет сот отуруму жабык өткөнүнүн өзү эле сот акыйкаттыгы боюнча бүдөмүк ойлорду жаратканын айтышууда.

“Акыйкаттык болсо гана...”

Соттолгондордун бирөөсүнүн жакын тууганы Салтанат өз фамилиясын атоодон тайсалдап, 23 жаштагы агасын 10 жылга күчөтүлгөн тартипте кесип жиберишкенине катуу нааразы. “Өзү түрмөгө кесилип, артында жубайы жана чиедей эки баласы жетимсиреп турат”, - дейт Салтанат. Анын айтымында, сот алардын үнүн угуп койгон жок:

-Аларды кадимки террорчулардай кылып кармашты. Аялы менен чогуу кармап, асфальтка жыгышты. Ошону көргөн 2 жаштагы кызы азырка чейин сүйлөй албайт, адамдардан коркуп калды. Биз акыйкаттык издеп кайда барбайлы оозубузду жабышат.

Салтанаттын агасы 7 жыл мурун Исламды кабыл алган экен. Чөнтөк телефон оңдоп, акча тапчу. Ал Казакстанда акыйкаттык жок экенин көп айтчу, жашообуз жакшырса деген тилеги бардыгын айткан Салтанат:

- Сот иши башталганда эле жабык өттү, 26-мартта сотту эки жерге белгилешти. Атырау облустук соту көчмө сот отуруму убактылуу кармоочу жайда өткөрүлгөнүн коопсуздукту камсыздоо максатында деп түшүндүрдү. Сот өтүп жаткан имаратты полиция курчап, камералар орнотулуп, сот отурумуна айыпталуучулардын эң жакын туугандары да кире алган жок.

Сот эки кылмыш ишин кароону бир айга создуктурду. Биринчи Атырау акимчилигиндеги жардырууну, андан соң 2010-жылдын 31-октябрындагы Сары-Арка кичирайондогу жардырууну карады.

Сары-Аркадагы жардырууну уюштуруп, Казакстандын башка аймактарына да террордук пландарды түзүп жатышат деген шек менен өткөн жылдын август, сентябрь айларында 42 жаш жигит кармалган. Облустук прокуратура террорчулардын баары кармалбай, алардын дагы бир тобу чет-өлкөдө жүргөнүн билдирген.

Соттолгондордун жаш курагы 22ден 32ге чейинки жигиттер экенин жергиликтүү маалымат агенттиктери жазды. Укук коргоочулар жазага тартылгандардын арасында 17-18 жаштагы жигиттер да бар экенин айтышууда. Террорчу деп айыпталгандардын экөө Өзбекстандын жарандары. Кесилгендендин айрымдары Сауд Арабия жана Египетте окуп келишкен.

Дагы бир таңкалыштуу жагдай, «Соттолгондордун жакындарынын бирөөсү да укук коргоочуларга кайрылган жок», дейт укук коргоочу Тогжан Кизатова. Анын айтымында, айыпталгандардын туугандарына да катуу кысым болушу мүмкүн.

«Мага аларга коркутуу болгонун айтышты. Эгер силер журналисттерге, укук коргоочуларга кайрылсаңар, балдарыңарга көбүрөөк жаза беребиз дешиптир. Жакындары болсо балдарыбыз тирүү чыгышын каалашат», - деди укук коргоочу. Анын айтымында, интернеттеги социалдык тармактарда дин темасында жазып, анан жардам сураган досуна 200 доллар жибергени үчүн бир жигитке айып коюлду.

Былтыр күздө Атырауда эки ирет туташ жардыруудан кийин казак күч органдары ондогон адамдарды кармай башташкан. Кармоо учурунда 23-жаштагы Бауржан Султангалиев өзүн-өзү жардырып жиберген. Кийинчерээк «Халифаттын жоокерлери» деген белгисиз исламчыл топтун кайрылуусу интернетке чыккан. Бул уюм жардырууларды өз мойнуна алган.

Атырауда 47 киши «террорчу» деп соттолду

Атырауда 47 киши «террорчу» деп соттолду
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:47 0:00

Маалыматтык согуштун учкундары

Кыргызстан - Орусия мамилесиндеги татаалчылыктар маалымат согушу менен коштоло баштады.

Анын алгачкы эпкиндери байкалып калды. Кыргыз өкмөт башчысы Өмүрбек Бабанов “Орусия милдеттерин аткарбай жатат” деп билдирсе, Кремлге ыктаган айрым саясат таануучулар Кыргызстанды “жарабай калган өлкө” катары көрсөтүү аракетин жандантты.

Алмазбек Атамбаевдин бийликке келиши үчүн салымын чечүүчү деп санаган Москва ал “эмгеги” үчүн эбегейсиз акы сурап жаткандай. Ал Камбар-Ата -1, жогорку Нарындагы ГЭСтерден 75% үлүш, “Дастандын” 75% акциясы болуп чыгууда.

Атамбаевдин андай “берешендикке” бара албашы турган иш.

Натыйжада эки ортодо келишпестиктер пайда боло баштады. Адегенде орус тарап финансылык жардам берүүнү токтотту. Убада кылынган 106 млн. доллар насыя берилген жок. Ал эмес, Кыргызстан буга чейин алган насыялардын үстөк пайызын тез арада төлөп берүү талабы коюлду. Бишкек Москвага 15 млн. доллар которууга аргасыз болду.

Бишкек да ага жараша жообун берди. Кыргызстандагы аскердик базалары үчүн Орусия бир нече жылдан бери төлөбөй жүргөнү айтылып, 15 млн. доллар төлөтүп алынды.

Бишкек муну менен чектелбей Кытай менен энергетикалык долбоорлорду ишке ашырууга киришти. Маселен, “Датка” подстанциясы үчүн 208 млн. доллар насыя алынып, курулуш иштери башталды. Датка-Кемин электр линиясын тартуу үчүн 380 млн. долларлык келишимге ошол эле Кытай менен жетишилди.

Кыргызстан муну менен чектелбей Түркия, Катар жана Азербайжан менен инвестиция боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзө баштады. Азербайжан менен сүйлөшүүдө мунайды кайра иштетүү заводун куруу максаты коюлду. Бул долбоор ишке кирсе, Кыргызстан Орусиядан күйүүчү май жагынан көз каранды болбой калат.

Кыргыз бийлигинин мына ушундай жүрүш-турушу Кремлге албетте жаккан жок. Натыйжада күтүлгөндөй эле маалымат чабуулу чыга башталды. Маселен, Александр Князов сыяктуу саясий адистер менен Кадыржан Батыровго жакын деп эсептелген “Алишер Навои” аттуу уюмдардын Кыргызстанга каршы билдирүүлөрү бир убакта чыга баштады.

Атайын кызматтын генералы Артур Медетбеков кырдаалдын бул багытта өнүгүшүн ири мамлекеттердин Кыргызстандагы геосаясий жана геоэкономикалык кызыкчылыктары менен байланыштырат:

- Геосаясий эле эмес, геоэкономикалык да негиз бар. ГЭСтер бар, “Кыргызнефтигаз”, “Кыргызгаз”, андан тышкары “Дастан” заводу бар. Булар экономиканын негизин түзгөн бөлүк болуп атпайбы. Экинчи жактан, гидроэнергетикалык ресурс региондогу Кыргызстандын абдан чоң мүмкүнчүлүгү. Суу да абдан орчундуу. Үчүнчүдөн, акыркы убакта биздин президент Атамбаев Түркияга барып, Азербайжанга барып, кандайдыр бир деңгээлде Орусияга тие турган сөздөрдү айтып койбодубу.

Артур Медетбековдун айтымында, мына ушундай себептердин негизинде кээ бир сайттарда маалыматтык согуштун учкундары байкала баштады.

Ал эми журналист Улукбек Бабакулов азырынча эч кандай маалыматтык согуш жок деп эсептейт:

- Мен андайды байкай да, көрө да элекмин. Менимче, адамдар ошону көргүсү келип, көргүсү келген нерсени айтып жатат. Менимче, эч нерсе жок.

Улуттук коопсуздук кызматынын төрагасынын мурунку орун басары Марат Иманкулов стратегиялык өнөктөш болгон Орусия менен “ийри отуруп, түз кеңешүү” зарыл деп эсептейт.

Бирок стратегиялык өнөктөш өзүнүн шеригин түшүнүүгө бара алабы? Андай түшүнүү болбой жатканын Орусиянын дагы бир стратегиялык өнөктөшү - Тажикстан президенти Эмомали Рахмон кечээ күнү белгилеп, “ Москва биздин кызыкчылыкты урматтай турган мезгил келди”, - деп билдирди.

Карыз төлөнбөсө газ токтойт

Казакстандык “КазТрансГаз” ишканасы Кыргызстан май айына чейин карызын төлөбөсө газды өчүрөөрүн эскертти.

“Кыргызгаз” болсо карызга батып калганын мамлекеттик ишканалардын газ акысын убагында төлөбөй жатышы менен түшүндүрүүдө. Өкмөт карыздан апрель соңуна чейин кутулабыз деп ишендирүүдө. Негизи эле өкмөт баш ооруга айланган газ тартыштыгын “Кыргызгаз” ишканасынын 75 % үлүшүн Орусиянын “Газпромуна” берүү аркылуу чечүү керек деп эсептеп келатат.

Казакстандын эскертүүсү

Көгүлтүр от боюнча эки коңшу өлкөгө көз каранды болгон Кыргызстан карыздарын төлөй албай, газсыз калуу коркунучунда турат. Өзбекстан азырынча унчукпаганы менен казак тарап газды майдан тарта токтотом деп эскертүүдө.

Кыргызстандын газ тармагын тейлеген “Кыргызгаз” ишканасынын басма сөз катчысы Жайнагүл Максимова маселе мамлекеттик ишканалар газдын акысын убагында төлөбөгөнүнөн келип чыкканын билдирүүдө.

- Мамлекеттик мекемелер бардыгы биригип, “Кыргызгазга” 10 миллион доллардын тегерегинде карыз болуп жатат. Булар жөн эле карызга алып, жагып жатышат. Акыркы маалымат боюнча, 7,5 миллион доллар Казакстанга карызбыз. 800 миң доллар Өзбекстанга карыз бар. Казакстан улам жабабыз деп коркутуп жатат. Төлөбөсөңөр 1-майга чейин жаап салабыз деген маалымат бар.

Көгүлтүр от жаккан мамлекеттик ишканалардын айрымдары өкмөттөн каржыланса, айрымдары жергиликтүү бюджеттен каржыланат. Каржы министрлигинин Транспорт жана энергетика боюнча бөлүм башчысы Руслан Татиков апрель айында карыздар төлөнөт деп ишендирди:

- “Кыржилкоммунсоюз” “Кыргызгазга” 166 миллион сомдой карыз. Коргоо министрлиги болсо 9,4 миллион сом карыз. Бул карызды төлөө маселесин апрель айындагы каржы планга кошконбуз. Бирок “Кыргызгазга” жергиликтүү бийлик тарабынан каржылана турган“Бишкек жылуулук”, “Токмок жылуулук” ишканалары да бересе.

"Кыргызгаздын" үлүшү кырдаалдан чыгарабы?

Көгүлтүр отко болгон карыз маселеси Кыргызстанда дээрлик жыл сайын көтөрүлөт. Карыздын айынан өзбек тарап газды бууп койгон учурлар аз эмес. Жыл сайын газ баасын бычуу да узакка созулган сүйлөшүүлөр менен коштолот.

Кыргызстандагы газ таңсыктыгын чечүү үчүн эртерээк “Кыргызгаздын” 75 % үлүшүн Орусиянын “Газпромуна” берүү сунушун айткандар бар.

“Кыргызгаздын” басма сөз катчысы Жайнагүл Максимова бул боюнча ишкананын позициясы менен бөлүштү:

- Орусиянын чоң компаниясына кошулуп кала турган болсок, бир топ көйгөйлөр чечилет. Бизде газ-мунай боюнча запастарыбыз бар деген сөз бар. Булар ошолорду изилдеп газ чыгарат. Мындан тышкары Орусия газды өзбектер кандай баа менен сатып алса, биз да ошол баада арзан алып калабыз.

Буга чейин Орусиянын “Газпром” ишканасы Белорусиянын "Белтрансгаз” мамлекеттик ишканасын менчиктеген. Муну менен орус тарап Беларусияга үзгүлтүксүз көгүлтүр от берүү милдеттенмесин алган. Орусиядан Кыргызстанга түздөн-түз газ түтүктөрү келбесе да, “Кыргызгаздын” үлүшү берилип калса, орус инвестору Өзбекстандан арзан баада алган газын кыргыз тарапка бөлүшүп, чалгындоо жүргүзөм деп убада берүүдө. Үлүштү өткөрүп алуу маселеси ушул жылдын сентябрь айында чечилгени турат.

Ошентсе да коомчулук арасында мамлекеттик ишканынын негизги үлүшү орус инвесторуна өтсө, маселе чечилип, убадалар аткарылабы деп суроо салгандар бар.

Жогорку Кеңештин депутаты Райкан Төлөгөнов маселени кылдат иликтөө керек деген пикирде:

- 75 пайыз үлүштү орустарга берүү маселеси газдын баасын арзандатуу, газдын туруктуу келишин камсыз кылуу болуп саналат. Мунун артыкчылык, кемчиликтери да бар. Бирок бардыгы эсептин негизинде жасалышы керек.

Тоо-кенчилер бирикмесинин жетекчиси Орозбек Дүйшеевдин айтымында, маселенин саясий өңүтүнө да көңүл буруу керек:

- Ар бир кызыгып жаткан компаниялардын саясий да кызыкчылыгы болуп жатат. Орус же казак инвесторлору болуп калабы, Кыргызстандан газды таап туруп, иштетип баштаса, биз менен мамилеси башкача болуп калышы мүмкүн. Талаптарын коюшу ыктымал.

Тоо-кенчилер бирикмесинин маалыматы боюнча, Кыргызстандын аймагында көгүлтүр оттун очоктору бар. Бирок алар өтө терең жайгашкандыктан, көгүлтүр отту чыгарууга чоң каражат керектелет.

Учурда Казакстан Өзбекстандан алган газындын миң кубун 224 доллардан Кыргызстанга берет. Бул газ менен Кыргызстандын түндүк аймагы камсыз болсо, түштүктөгү кардарлар Өзбекстандан 290 доллардан келген газ менен камсыз болот. Эми орус инвестору Кыргызстанга келгенде баа саясаты кандай өзгөрөөрү азырынча белгисиз.

Кошунаң тынч, өлкөң тынч...

Тажикстанда Рогун ГЭСин куруу иштери кызуу жүрүүдө.

Кыргызстандын жакын кошуналары Тажикстан менен Өзбекстандын мамилеси Рогун ГЭСинин курулушуна байланыштуу курчуп баратат.

Эки мамлекеттин келишпестиги күчөп, ал күч көрсөтүү деңгээлине чейин өсүп баратканы эскертилүүдө. Жакын кошуналардын келишпестиги Кыргызстанга кандай терс таасирин тийгизүүсү мүмкүн?

Расмий Ташкендин Борбор Азия регионундагы мамлекеттер менен мамилеси дурус эместиги белгилүү. Ал эми Тажикстан менен мамилеси кескин начарлап, ачык каршылашуу деңгээлине жетип баратат. Эки ортодогу келишпестик Самарканд, Бухараны “көшөгө артында” талашуудан баштап, Тажикстандын энергетикалык долбоорлоруна чейин жетет.

Маселен, Вахш дарыясында Рогун ГЭСин куруу менен Тажикстан энергетикалык коопсуздукка жетишүүнү көздөсө, Өзбекстан суу тартыштыгына кабылуудан чочуйт. Ошого жараша ГЭСтин курулушуна каршы чыгып, ал сейсмикалык жактан туруксуз, көчкү коркунучтары арбын жерде курулууда деп сындап келатат.

Өзбекстандын мына ушундай каршылыгына карабай Рогун ГЭСи курулуп жатат. Анын биринчи гидроагрегаттарын быйыл ишке киргизүү пландалган.

Мына ушундай шартта Өзбекстан кескин кадамдарга барып, 1-апрелден тарта Тажикстанга газ берүүнү токтотту. Бирок 16-апрелден тарта газ кайрадан бериле баштады деген маалымат бар. Газ тосмосуна чейин Өзбекстан темир жол каттамдарына тоскоолдук жасап келген. Экономикалык тосмолордон кийин эки мамлекеттин чектешкен айрым жерлеринде Өзбекстан брондолгон техникаларын жайгаштыра баштаганын тажик маалымат каражаттары жазып чыкты. Кошуна мамлекеттер мына ушинтип бири-бирине күч көрсөтүү деңгээлине жетип барды.

Кыргызстан тышкы иштер министрлиги эки мамлекеттин курчуп бараткан мамилесине байкоо салып турат. Бул маалыматты министрликтин маалымат кызматынан тастыкташты.

Ал эми жергиликтүү эксперттер мамилеси курчуган кошуналарды мунасага келтирүүдө Бишкек активдүүрөөк болгону дурус деген пикирлерди айтууда.

Жогорку Кеңештин коопсуздук жана коргонуу комитетинин төрагасы Токон Мамытовду угалы:

- Кыргызстан дипломатиялык каналдар менен эки кошунабызды сүйлөшүүгө келтирүү үчүн, дипломатиялык жолго түшүрүү үчүн аракеттенишибиз керек. Керек болсо биздин Ошкобу, Баткенгеби же Бишкекке өкүлдөрү келип, жолугуша турган аянт даярдасак. Ушул багытта азыртан баштап эле биздин тышкы иштер министрлик талдап, иштей баштаса болот.

Эгерде эки өлкөнүн ортосунда конфликт чыкса, анда Кыргызстанга миграция агымы күчөшү күтүлөт, деп кошумчалады Токон Мамытов.

Ал эми кезинде Тажикстанда Кыргызстандын элчиси болуп келген Мирослав Ниязов Жамааттык коопсуздук келишими уюму тажик-өзбек мамилесин жөнгөрүүдө активдүү болушу зарыл деп эсептейт. Ниязовдун айтымында, жалпы эле Фергана өрөөнү опурталдуу аймак:

- Фергана өрөөнү бул өзү өтө кооптуу жер. Анткени эл абдан жыш жайгашкан. Суу жетпейт. Жер жетпейт. Социалдык абал өтө оор. Ошондуктан кагылышуу коркунучтары бар. Ош окуясын чыгаруунун негизги максаты Фергана өрөөнүн жаруу болгон. Анын авторлору бар. Ошон үчүн бул маселелерге биз кайдыгер карабашыбыз керек. Мен билбеймин, Өзбекстан менен Тажикстандын келечеги кандай болуп кетишин. Бирок мен так билген нерсе бар, эгерде биз жерибиз бүтүн болсун, элибиз бир болсун дей турган болсок, анда биз түштүк региондо коопсуздукту олуттуу бекемдешибиз керек.

Ниязов кошуна мамлекеттердин келишпестиги тынчтык, сүйлөшүү жолу менен чечилиш керектигин кошумчалап, бул багытта Жамааттык коопсуздук келишими уюму болобу, башка уюмдар болобу өз салымын кошуш керектигин белгиледи.

Оштогу орус чек арачыларынын макамы аныктала элек

2010-жылдагы июнь окуясынан кийин Чүйдөн Ош шаарына которулган Орусиянын чек ара кеңешчилеринин тобунун макамы аныкталган эмес.

Мына ошондуктан аскер адистери алардын кеңеш берүүдөн башка дагы кандай иштер менен алектенип жатканы түшүнүксүз экендигин белгилешүүдө.

Өткөн жылы Тажикстандагы орусиялык чек ара кеңешчилери тыңчылык менен алектенет деген маалымат тарап, ал эки мамлекеттин чек ара кызматтарынын ортосундагы кайым айтышууга чейин жеткен.

Коогалаңдан кийинки орун которуштуруу

Мурда Чүй облусунун аймагында турган Орусиянын чек ара кеңешчилеринин тобу 2010-жылы июнь калабасынан кийин Ош шаарына которулган. Жалпы саны кырк офицерден турган орусиялык чек арачылар шаардын чок ортосундагы менчик үйдү ижарага алып, өз алдынча мекеме катары пайдаланышат.

Кыргызстандын чек ара кызматынын маалымат борборунун жетекчиси Гүлмира Бөрүбаева орусиялык чек ара кеңешчилер тобу жергиликтүү кесиптештерине чек ара коопсуздугун бекемдөө боюнча тажрыйбасы менен бөлүшүү үчүн келгенине токтолду:

- Бул кеңеш берүүчү аппарат чек араны кайтаруу боюнча кеңеш берет. Кээ бир учурда чек арага байланыштуу укуктук ченемдерди иштеп чыгууга көмөктөшөт. Жалпысынан алганда алар биздин өздүк курамдын моралдык-психологиялык даярдыгы, тылдык камсыздоо жана аскердик күжүрмөн даярдык боюнча кеңеш берип келатышат.

Бирок орусиялык чек ара кеңешчилеринин макамы жана алардын Кыргызстанда жүрүүсүнүн жалпы жоболору аныкталбай калган. Мына ошондуктан аталган орусиялык аскер кызматкерлери кандай дипломатиялык кол тийбестикке ээ, же алардын ишмердүүлүгү кандай мыйзамдар менен жөнгө салынат деген сыяктуу суроолорго Кыргызстандын чек ара кызматынан жооп ала алган жокпуз.

Коопсуздук боюнча адис Иманберди Жалилов орусиялык чек ара кеңешчилеринин Кыргызстанда жүрүшү эл аралык укуктук ченемдерге туура келбей тургандыгын белгиледи:

- Жалпы КМШга кирген өлкөлөрдүн түштүк багытындагы чек ара коопсуздугун бекемдөө деген шылтоо менен Орусиянын чек ара кызматынын оперативдүү тобунун иштөөсүнө уруксат берилген. Бирок мына ошол уруксат эл аралык укуктук ченемдердин алкагында жүргүзүлгөн эмес. Мына ошондуктан алар жергиликтүү мыйзамдарга баш ийиш керекпи? Аталган аскер кызматкерлери кандай иш-аракеттерге укугу бар, кандайына жок экендиги атайын документте көрсөтүлбөй калган. Мына ошондуктан алардын ишмердүүлүгү боюнча бүдөмүк пикирлер орун алууда. Керек болсо аталган аскер кеңешчилери деген макамын бекитүү жагы эки тараптуу расмий макулдашууда каралып, парламентте ратификациядан өткөн эмес.

Тажикстанды чочуткан чек ара кеңешчилери

Былтыр Тажикстандын чек ара аскерлеринин кол башчысы Шерали Мирзонун орусиялык чек ара кеңешчилери милдетин аткарбастан, тыңчылык менен алектенет деген билдирүүсү жарыяланган болчу. Буга чейин тажик-ооган чек ара тилкесинде 300дөн ашуун орусиялык чек ара кеңешчилери иштеген. Мына ошондон кийин алардын саны жүз офицерге кыскарды.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасынын мурдагы орун басары Артур Медетбеков Кыргызстанда деле расмий жана жашыруун абалда тыңчылык кылган чет өлкөлүк резидентуралар бар экендигин айтты:

- Мына ошол оперативдүү чек ара кеңешчилер тобунун Ошко барып калышы июнь окуясынан кийинки бийликтин чечими болду. Чынын айтканда алардын кандай иштерди аткараарын такташ керек. Муну биздин атайын кызмат кылыш керек болчу. Бирок анын азыркы абалын көрүп турасыңар. Учурда ар кайсы мамлекеттердин атайын кызматтары Кыргызстандын аймагын расмий түрдө да, расмий эмес, жашыруун негизде да тыңчылык кылуунун аянтына айландырып алышкан.

1999-жылы Орусия чек арачыларын Кыргызстандан алып чыгып кеткенден кийин жергиликтүүлөргө көмөктөшүү үчүн чек ара кеңешчилеринин тобу калтырылган. Кеңеш берүү милдетин өзүнө алган аталган топтун өздүк курамы кээде кыскарса, кээде көбөйтүлүп турган.

Апта: Саясий кызыкчылыктан улуттук кызыкчылыкка

Оппозиция Жалал-Абадда митинг өткөрдү. Казакстан Кыргызстан үчүн күрөш баштаганы байкалды. Экономика үч айда эмнеге жетишти?

Кыргызстанда бийлик менен оппозиция кайрадан тирешип калды. Кайрадан талаптар, мөөнөттөр коюлуп, көчөдө күч көрсөтмөйлөр башталды. Бийлик да олуттуу мунасага баруу ниетин байката элек. Булардын баары Кыргызстан үчүн өнөкөт көрүнүш болуп калгандай.

Кыргызстанда саясий күчтөрдүн мына ушинтип эки жээк болуп тирешүүсүнөн сырткы күчтөр пайдаланып, улуттук кызыкчылык жабыркап калуу коркунучунда турат. Кыргыз саясатчылары утурумдук саясий кызыкчылыктан улуттук кызыкчылыкты жогору коюп, жок дегенде чет өлкөлөрдүн алдында биримдүүлүктү көрсөтүүсү зарыл болуп турат. Андай биримдик өзгөчө тагдыр чечүүчү гидроэнергетикалык долбоорлордо сакталыш керектиги айтылууда.

Саясий күрөшкө келе турган болсок, оппозиция 10-апрелде Жалал-Абаддагы митингде алты пункттан турган талап койду. Ал талаптардын катарында өкмөттү кызматтан кетирүү, Конституциялык кеңешме чакыруу, апрель, июнь окуялары үчүн күнөөлүүлөрдү, банк уячаларын тоногондорду жазалоо, кесипкөй өкмөттү түзүү бар. Ал талаптарды аткарууга 21-апрелге чейин мөөнөт коюлду. Андан кийин талаптар дагы катаалданып, президентти кызматтан кетирүү талаптары коюлуш мүмкүндүгү эскертилүүдө.

Азырынча президент бул саясий окуяларга үстүртөдөн көз салып, аны демократиялык өлкөгө мүнөздүү көрүнүш катары баалап келатат. Ал эми өкмөт башчы Өмүрбек Бабанов оппозиция менен сүйлөшүүгө даярдыгын билдирди. Оппозиция да даярдыгын айтып, бирок жолугушуу жана сүйлөшүүлөр түз эфирде көрсөтүлүш керек деген шартты койду.

Оппозициянын талаптарын аткаруу жеңил эмес. Ал үчүн Өмүрбек Бабановду оппозиция өкүлү менен алмаштыруу керек. Буга барууга Алмазбек Атамбаев даярбы деген суроо турат.

Эгерде кыргыз оппозициясы энергетикалык долбоолордо Кыргызстан менен Орусия мурунку жетишкен келишимдер аткарылыш керек деген позицияда боло турган болсо, анда мындай алмаштыруу ички биримдикти бекемдеп, Кремль менен сүйлөшүүдө президент Алмазбек Атамбаев үчүн да жеңилдик болот беле деген ой да жок эмес.

Бирок азыркы кездеги абалга караганда Алмазбек Атамбаевде эки фронтто тең чегинүү ниети байкалбайт. Президент Орусия менен таймашта улуттук кызыкчылык сакталып, энергеткалык долбоолор боюнча 2008-2009-жылкы келишимдер аткарылыш керек, ГЭСтерде тараптардын үлүшү 50% болуш керек деген позицияда турат. Оппозиция менен тиреште да Өмүрбек Бабановду сактоого көбүрөөк ыктап турат. Мындай шартта Орусия кыргыз бийлигинен биротоло жүзүн буруп, оппозицияга колдоо көрсөтүүгө өтсө, мунун натыйжасында оппозиция күч алса, Кыргызстан өтө олуттуу туруксуздукка багыт алат.

"Мындай шартта эки тарап сүйлөшүүгө отуруш керек" дейт оппозициялык саясатчы Улукбек Ормонов:

- Менимче акыркы жыйындардагы оппозициянын талаптарын карап чыгып, такыр эле укпагандай, көрбөгөндөй болбой, алар менен сүйлөшүүгө отуруш керек. Менимче ал жерде да улут деген, элим деген кыргыздын жигиттери турат.

Саясат таануучу Марат Казакпаев өлкөнү күтүп турган кырдаал тууралуу мындай оюн билдирди:

- Азыркы бийлик, Атамбаев биринчи кезекте Орусия менен мамилени курчтууга баратат. Бирок бул жол баары бир туура. Мына ушу гидродолбоолор боюнча биз позициябызды кармап турушубуз керек. Менин оюмча, Орусия да жөн калбайт. Басым-кысым болот.

Бирок позициябызды бербей, чыдашыбыз керек. Ошондуктан Орусия менен мамиле чыр-чатактуу болот. Ал эми кыргыз оппозициясы Орусия тараптан жардам сурайт, Москвага таянган саясат жүргүзөт. Көбүнчө Ташиев айтып жүрбөйбү, “АКШнын базасын чыгаргыла, Орусиянын базасын калтыргыла” деп. Ички кырдаал боюнча өкмөт дурус иштебей калды. Мына жүз күн өттү. Бул боюнча Бабанов иштей албай калды. Эми Атамбаев же оппозиция менен сүйлөшүүгө чыгат, же Бабановду алып салат. Иши кылып көп эле өзгөрүү болот
.

Москванын кысымы демекчи, бул аптада орус президентинин администрация башчысы Сергей Иванов Орусия үчүн “Дастандын” 48% акциясы аздык кылаарын билдирди. Жаңы курула турган ГЭСтерден да 75% үлүш Орусияга берилиш керектиги жакын арада мына ушундай жогорку деңгээлде айтылып калышы да күтүлөт.

Мына ошентип узап бараткан апта бийлик менен оппозициянын, Кыргызстан менен Орусиянын ортосундагы тирешүүнүн уланышы менен коштолду. Бийлик улуттук кызыкчылык, эгемендүүлүк туусун көтөрүп, түндүк региондордо позициясынын бекемдигине таянса, оппозиция өлкөнүн бардык региондорунан катарын толуктоого бүт аракетин жасап, анын натыйжасы болуп жатканын Жалал-Абаддагы митинг көрсөттү. Эгерде Орусия оппозицияга колдоо көрсөтө баштаса, оппозициянын катары дагы да толукталышы күтүлөт.

Казакстан оюнга кирдиби?

Кыргызстан үчүн күрөшкө Казакстан активдүү аралаша баштагандай. Казак президенти Нурсултан Назарбаев президент Алмазбек Атамбаевди май айында сапар менен Астанага келип кетүүгө чакырды. Назарбаевдин эң жакын жана таасирлүү жөкөрү, миллиардер Болат Утемуратов жума ортосунда бейрасмий түрдө Кыргызстанга келип, өкмөт башчы Өмүрбек Бабанов менен сүйлөшүүлөрдү өткөрүп кетти.

Утемуратовдун сапары Кыргызстанда ар кандай жоромол, түкшүмөлдөрдү жаратты.

Казак ишкеринин бейрасмий түрдө келип-кеткенин жергиликтүү орус тилдүү гезит кенен-кесири жазып чыкты. Ал гезитке маалымат кайсы бир атайын кызматтардан түшкөнү байкалып турат. Жашыруун маалыматты тараткан ал атайын кызматтын максаты бир жагынан Өмүрбек Бабановго зыян келтирүү болсо, экинчи жагынан өлкөдө жаңжал чыгарып, мына ошонун негизинде кыргыз-казак мамилесинин бекемделүүсүнө жол бербөө болушу ыктымал.

Оппозиция бул окуяны иликтөө үчүн депутаттык комиссия түзүүнү сунуштады. “Ата Журт” фракциясынын лидери Камчыбек Ташиев өкмөт башчы кайсы бир өлкөнүн үлкөн чиновниги менен жашыруун сүйлөшүүсү туура эмес деп сынга алды:

- Мына кечээ эле Казакстан президентинин кеңешчиси Болат Утемуратов деген келип, аны "Манастан" өкмөт башчынын эки автоунаасы алып келип, өкмөт башчы менен жолугуштуруп, андан кийин кайра узатып жиберди деп маалымат каражаттары жазып чыкты. Эмне үчүн мындай болду? Кыргызстан, орус тилинде айткандай, “проходной двор” болуп калдыбы? Эмне үчүн Кыргызстанды кайсы бир мамлекеттик чоң чиновниктин жеке менчигине айлантышыбыз керек? Кыргызстан - өзүнчө мамлекет. Кыргызстанга кимдир бирөө кирип, чыга турган болсо, ал сөзсүз түрдө катталыш керек. Ал маалымат таркатылыш керек. Эгерде ал өкмөт башчы менен жолугуп жаткан болсо, анда сөзсүз түрдө коомчулукка жеткирилиш керек.

Өкмөт адегенде Утемуратов менен жолугушууну шардана кылбай, бирок соңунда ал жолугушууда Кыргызстан менен Казакстандын кызматташуусуна байланыштуу маселе талкууланганын билдирди.

Айрым маалыматтарга караганда, Казакстан миллиардери менен өкмөт башчы Бабанов алтын кендерден баштап, гидроэнергетикалык долбоолорго чейинки маселелерди сүйлөшүүсү мүмкүн. Анын үстүнө Орусиядан кысым көрүп жаткан Кыргызстан Казакстан менен калкаланууга абдан эле кызыкдар. Ошондуктан Астанага Камбар-Ата-1ди курууга катышуу сунушталып жатканы байкалат.

Андан сырткары Кыргызстан Азербайжан мунайын алып келип, кайра иштетүүгө кызыкдар. Ал мунай да Казакстан аркылуу келет. Ошондуктан мына ушул маселе да көңүл борборунда болушу мүмкүн.

Экономика эмнеге аксады?

Улуттук статистикалык комитет өлкө экономикасынын быйылкы жылдын үч айындагы көрсөткүчтөрүн жарыялады. Өкмөт да 100 күндүк программасынын аткарылышы боюнча парламентте отчет берүүгө камданууда. Маалыматка караганда, премьер-министр Өмүрбек Бабанов 26-апрелде парламентке маалымат берет.

Оппозиция бул күнгө кандайдыр бир акция өткөрүүгө камданууда. Ал эми өкмөттүн 100 күндүк программасын популисттик маанайдагы пиар-кампания деп сынга алган. Өз кезегинде өкмөт жүз күндүн ичинде эч кайсы өкмөт өлкөнү кризистен алып чыга албайт деп жооп берүүдө.

100 күндүк программанын алкагында өкмөт мамлекеттик кызматкерлерди 20% кыскартуу, Финансы полициясын кайра түзүү, административдик-аймактык реформанын концепциясын иштеп чыгуу, мамлекеттик ипотекалык компания түзүү, ГЭСтерди курулушун баштоо боюнча келишимге жетишүү, жазгы талаа жумуштарын үзгүлтүксүз өткөрүү, облустарда үрөн чарбаларын түптөө сыяктуу иш-чараларды белгилеген. Аларды аткаруу боюнча аракеттер жүрүп жаткандыктан, "программанын кайсы бир пункту аткарылды жана ал мындай натыйжа алып келди" деп айтыш татаал.

Ал эми реалдуу экономикада көрсөткүчтөр анча дурус эмес.

Маселен, быйылкы жылдын үч айында ички дүң продуктынын көлөмү өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу дээрлик 7 пайызга төмөндөгөн. Төмөндөөгө өзгөчө Кумтөр кениндеги кыскаруулар таасир эткен. Улуттук статистикалык комитет Кумтөрсүз ички дүң продукты 4.5% өстү, өсүштүн негизин энергетика тармагы камсыздаганын белгилейт.

Маалыматка ылайык, быйылкы жылдын үч айында энергетика тармагы 24% өсүштү камсыздаган. Бирок кайра иштетүү тармагы жыл башынан бери аксап келатат. Үч айдын жыйынтыгы боюнча бул тармак дээрлик 43 пайызга, тоо-кен тармагы 3.7 пайызга кыскарган.

Кумтөрдүн начар иштеши өлкөнүн тышкы соодасында тескери сальдосунун кескин өсүүсүнө алып келген. Маселен, үч айда экспорт 233 млн. долларды түзүп, 36.7 пайызга кыскарган. Ал эми импорт 706 млн. долларды түзүп, бир жарым эсе өскөн. Тескери сальдо 482 млн. долларды түзгөн. Бул өткөн жылдын ушул мезгилине карай төрт эсеге көптүк кылат.

Өкмөт жыл сайын, анын ичинде быйыл 7-8% өсүштү камсыздоону пландаган. Бирок анын аткарылышы күмөндүү экенин экономисттер белгилеп жатышат. Анын үстүнө Орусия менен аткара турган ири энергетикалык долбоорлордун тагдыры өтө татаалдашып калды.

Бишкек ишкерлер уюмунун аткаруучу жетекчиси Улук Кыдырбаев туристтик сезондун башталышы менен өсүш жанданышы мүмкүндүгүн белгилеп, бирок өкмөттүн 100 күндүк программасы ишкерлер менен кеңешилбей түзүлгөн деп сынга алды:

- Бааны бергенде эң жогору баам эки. Көп максаттар коюлган. Бирок коюлган максаттарга жетишкен жок. Түшүнөбүз, аябай оор шарттарда иштеп жатышат. Биринчиден, булар ишкер чөйрө менен кеңешпей чыгарылган программа болгон. Өздөрү эле жазып коюшкан. Соңунда көп коюлган пландарды ишке ашыра албай калышты.

Кыдырбаевдин айтымында, өкмөт менен парламенттин ортосунда да карама-каршылык да реформалардын жүрүшүнө терс таасирин тийгизип жатат.

Экономист-эксперт Мейманбек Абдылдаев өкмөттүн аракетин алгылыктуу деп атап, анын натыйжасы сөзсүз болот дейт:

- Сөзсүз натыйжасын берет. Жыл соңунда көрөбүз. Азыр эле берип жатат. Мен экономист катары айтам - бизде чоң секирик болбойт. Аны биз жасай албайбыз. Бизге инвестиция келбей жатат. Орусия менен кандай соодалашуу болуп жатканы өзүңүзгө белгилүү. Ошон үчүн башка жактардан, Катар, Түркия, Кытайдан инвесторлор издеп жатышат. Өкмөттүн стратегиялык максаттары туура, саясаты колдоого татыктуу.

"Экономикалык өсүштүн болушуна коомдо туруктуулуктун болушу да өтө маанилүү" деп кошумчалады Мейманбек Абдылдаев.

Кыргызстан болсо мына ушул жагынан ар дайым аксап келатат.

Террорчулукка каршы машыгуу өттү

13-апрелде Жалал-Абадда жанкечтиликке каршы машыгуу Коопсуздук комитетинин алдындагы антитеррордук борбордун жетекчилиги астында мамлекеттик бардык күч түзүмдөрүнүн облустук кызматтарынын катышуусунда өттү.

Машыгуу облустагы аскердик даярдыктарын сыноо максатын көздөдү. Машыгуу алдын ала иштелип чыккан сценарийдин чегинде өттү. Анда көрсөтүлгөнгө караганда, таңкы саат бештерде Жалал-Абаддагы темир жол бекетин шектүү адамдар ээлегени тууралуу маалымат түшкөн.

Билдирүү Улуттук коопсуздук боюнча облустук башкармалык менен коопсуздук комитетинин алдындагы террорчулукка каршы күрөшүү борборуна кабарланып, элди коопсуз жайларга убактылуу көчүрүү, облустагы күч уюмдары барымтага алынгандарды бошотуу, террорчулукта шектелгендерди кармоонун жол-жобосу иштелген.

Жобого ылайык, жанкечтилер менен сүйлөшүүгө адегенде шаардык милиция башчысы барат. Машыгуу маалында террорчулукка шектелгендер акча жана Кыргызстандан башка жакка чыгып кеткенге темир жол унаасын талап кылып, талап аткарылбаса, он мүнөт сайын бирден адам өлтүрүлөөрүн эскертип, милиция менен сүйлөшүүдөн баш тартышат.

Жолугушууга андан кийин барган бийлик өкүлү операцияны үзгүлтүккө учуратпоо максатында алардын талабын аткарат. Андан кийин атайын даярдыктагы күчтөр чабуулга өтүп, бир жанкечтини өлтүрүп, калгандарын кармап, барымтада калгандарды бошотушту.

Көнүгүүгө көз салган антитеррордук борбордун директорунун орун басары Таалайбек Жапаров өлкө эл аралык террорчул уюмдар аракеттенген Ооганстанга жана Пакистанга жакын тургандыктан коопсуздукту сактоо максатында мындай машыгуулардын мааниси зор экендигин белгиледи. Ал ошондой эле өткөн жылдары Бишкекте жана Ошто уюштурулган бир катар жардырууларды эске салды:



Жанкечтиликке каршы машыгууну жалалабаддык Данияр Эргешов да колдоду. Анткени темир жол бекети шаар ичинде турат:

- Профилактика үчүн мындай иш-аракеттерди өткөрүп туруу керек. Бирок андан мурда жергиликтүү жашоочулар чочубашы үчүн алдын ала “машыгуу өткөрөбүз" деп маалымдап койсо жакшы болот эле да.

Машыгуу маалындагы ок атуулар, жардыруулар шаардыктарды чочутпай койгон жок. Бул тууралуу шаар тургуну Абдуманап Ахраров:

- Чочугандар болду. Эл жашабаган жерде машыгыш керек да. Коркконунан кеткендер болду.

2006-жылы жана 2009-жылы тажикстандык жана кыргызстандык милиция, бажы кызматкерлерине кызмат ордунда кол салуулар болуп, "террорчу" деп шектелген бир нече адам Жалал-Абадда жок кылынган.

Борборду көздөй агылган чоңалайлыктар

Чек арага жакын айылдардан борборду көздөй көчүп кеткендер көбөйүүдө.

Чоң-Алайдын Тажикстан менен чектешкен Жекенди айыл округунан эле бир жылда 700дөй кожолук жер которуп кеткен. Тургундар бул аймактарга мамлекет атайын кам көрбөсө, абал мындан дагы оорлошо турганын айтышат.

Өзгөчө быйылкы кыштан тажаган Ысак Туратов өзү туулуп-өскөн Карамык айылынан биротоло көчүп кеткени турат. Облус борборунан 350 чакырым алыста жайгашкан айылда ал үчүн 8 баласын багып, түтүн булатуу азыр кыйын болуп калды:

- Бир жылда 12 ай болсо, анын алты айы кыш болот. Же дыйканчылык жакшы болбойт, минтип кар оор болгон жылы малыбыз да кырылып калат. Анан бул жерде тирилик кылуу тозоктун тозогу. Же бир башка жумуштар болсо да иштеп, жанымды бакмакмын. Бирок турмуш бизде оор. Ошон үчүн Бишкек жакка көчүп кетейин деген ой бар. Колумдагы бар дүйнөм, мал-жаным менен барсам тирилик кылып кетээрмин.

Тажикстан менен чек аралаш турган Жекенди айыл округундагы Карамыктан башка кыштактарда деле борборду көздөй көчүп кеткендер көп.

Жекенди айыл округунун жашоочусу Зикиралы Жаркынов:

- Биздин Жекенди айыл округунан 700дөн ашык кожолук биротоло көчүп кетти. Алар го эми Кыргызстандын ичине эле жылып атышат, а жаштардын көбү иш жоктугунан Орусияга кетип жатат. Ар бир үйдөн 4-5тен киши сыртта жүрөт. Алардын дээрлик баары ошол жакта жарандык алып, кетип атышат.

Айылдарда 45-50 жаштан жогоркулар, анан мектеп жашындагы балдар эле калганбыз. Минтип отурсак чек арага жакын айылдарда киши калбай калат го. Киши калбай калса, коңшу өлкөнүн жарандары акырындап бери көздөй жылып келе берет.


Мындай пикирди райондун башка бир тургуну Абдрасул Капаров да бекемдөөдө. Анын белгилешинче, чек аралаш жерлерде элди кармап туруу үчүн мамлекет тарабынан кам көрүлбөсө, калктын суюлганы суюлган:

- Элдин курсагына аш салып бер деген жокпуз, жок дегенде ушундай жерде, ушундай кырдаалда, алыскы чек арада жашап атканы үчүн мамлекет элге компенсация төлөп бериши керек. Ошону менен гана эле жанын багып жашап турушу мүмкүн. Же үлүш жери жок болсо, же тирилик кыла турган башка нерсе жок болсо, кантсин анан эл? Болгону 12 сотиктен жер тийген, анын 6 сотик жери сай, таш. Ага өлүп кетсе да эгин болбойт.

"Чек арада жашагандарды салыктардан да бошотуу керек" дейт Чоң-Алайдын жашоочусу Абдилай Амитов:

- Биз "жардам бере албасаңар жок дегенде салыктардан бошотуп койгула" деп айтып атабыз. Бийлик бир да кулак салбай келет. Бул боюнча Жогорку Кеңеште бир-эки жолу маселе көтөрүлүп, ошол бойдон калып кетти. Чек араны кармап турган элге кам көрбөгөндө, анан кимге кам көрөт? Мамлекеттин чек арасын так ушул эл кармап турат. Тополоңдо жоокерлердин баары качып кеткенде да карапайым калк эч жакка кетпей, дубал болуп турган.

Ал эми бийлик элди элетте кармап калуу аракетинде экендигин белгилешет. Чоң-Алай районунун акими Азизбек Ашыралиев:

- Чынында биздин район бийик тоолуу, климаттык шарты катаал район болуп эсептелет. Кышыбыз алты айга чейин созулат. Так ушул мезгилде Чүй бооруна, Бишкек шаарынын жакасына жана Ош шаарына көчүп кетип жаткандар көп болуп жатканы чындык. Бирок биз элди бул жакта кармап туруу үчүн, айрыкча жаштарды алып калуу үчүн жумуш орундарын түзүү аракеттерин көрүп жатабыз. Районго инвесторлорду да тартууга колдон келишинче аракеттер бар.

Ош облусунун Чоң-Алай районунда 25 миңдей адам жашайт. Калктын негизги бөлүгү мал чарбачылыгы менен алектенсе, айрым жерлерде гана дыйканчылык кылууга болот. Тоолуу райондон борборду көздөй агылгандан өзгөчө кыш мезгилине туура келет.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG