Линктер

ишемби, 20-июль, 2019 Бишкек убактысы 19:34

Борбор Азия

Кыргызстан Сохко гумжардам өткөрөт

Сохтун жанындагы Баткендин Чарбак айылы, 7-январь, 2013.

Баткен облусунун бийлиги Сох анклавына Өзбекстандын гуманитардык жардамын өткөрүүгө уруксат берди.

5-6-январдагы Чарбак чатагынан бери Баткендин ичиндеги Өзбекстандын Сох анклавына жол жабык турат. Мындан улам Өзбекстандын негизги аймагы менен байланыша албай калган Сохтун ичинде азык-түлүк, күйүүчү май жана көмүрдүн баасы кескин кымбаттап кеткени айтылууда.

23-январда Өзбекстандын Риштан районунан Сохко гуманитардык жүк алып жөнөгөн 20 чакты жүк ташуучу унаа чек арадан өтө албай артка кайтканы кабарланды.

Бирок Баткен облусунун башчысы Жеңиш Разаков өзбек тараптан Сохко гумжардам алып өтүү боюнча эч кандай кайрылуу болбогонун, ошентсе да кыргыз тарап андай жүктү өткөрүүгө макул экенин "Азаттыкка" билдирди.

- Алар тараптан эч кандай сунуш да, өтүнүч да болгон жок. Биз эл аралык нормаларга карап, анклавга жол берүүнү чечтик. Элге да түшүндүрүү иштерин жүргүздүк, эгер гуманитардык жардам өткөргүлөрү келсе, биз жүктүн да, кишилердин да коопсуздугун камсыздап, дарегине жетүүсүнө көмөк көрсөтүүгө даярбыз.

Буга чейин айрым маалымат каражаттары Өзбекстандын көз карандысыз укук коргоочулар демилгечи тобу өзбек бийлиги тарабынан топтолгон азык-түлүк жана күйүүчү май чек арадан өтө албай турат деп айтышканын жазып чыгышкан.

"Азаттыктын" өзбек кызматына ушул эле күнү ферганалык укук коргоочу Баходир Элибаев жүк артылган унаалар кечки саат беште артка кайтканын айткан:

- Риштандан чыкканда Кыргызстандын Бүргөндү аймагы башталат. Ошол жерде 60-70 чакты кыргыз жарандары жол тосуп турган экен. Айдоочулар кыргыз тарап ал адамдарга туура түшүндүрүп, жардамдын өтүшүнө мүмкүнчүлүк берилишин 4-5 саат күтүп турган. Андан майнап чыкпаган соң базага кайтып келишкен.

Бирок бул айтылган чек арада болгон "Азаттыктын" Баткендеги кабарчысы Жеңиш Айдаров мынча санда топтолгон адамдарды көрө албаганын, болгону 20 чакты адам жол тоспой эле жол боюнда турганына күбө болгонун кабарлады. Алар болгону эгер жол ачылса чек ара татиби эки тарапка тең бирдей болсун деген гана талаптарын айтышкан. Анткени Сохтогу бул окуяга чейин кыргыз жарандары Өзбекстандын кошуна турган Риштан районуна баруу үчүн сохтуктардай түз каттабай, 200 чакырымдан ашуун алыстыктагы, Ош шаарынын жанындагы "Достук" чек ара бекетинен өтүп, кайра ошончо чакырым жол басып келчү экен.

Бул арада жол жабылгандан бери Сохтун ичинде азык-түлүк баасы кескин кымбаттап, анклавдын эли кыйналып жатканы айтылууда. Ферганалык укук коргоочу Сохтогу абал боюнча "Азаттыктын" өзбек кызматына буларды билдирген:

- Сохтуктардын көбү Орусияда иштеп, бул жака акча салып турат. Сохтуктар ал акчаны Риштандагы банктан алып, кем-карчысын толуктап кетип турчу. Азыр деле Орусиядан акча жиберип атышат, бирок чек ара жабыктыгы үчүн Сохтон эч ким өтө албай жатат. Сохтун элинде азыр акчасы да калбай баратат. Жокчулуктан улам баалар болсо күн санап өсүүдө.

Баткен облусунун ичинде жайгашып калган Сох анклавы өзүнчө бир район. 19 айыл-кыштактан турган бул аймакта 60 миңдей калк жашайт. Жергиликтүү калктын 99 пайызы тажиктер. Аймак район макамын алган 1990-жылга чейин Өзбекстандын негизги аймагындагы Риштан районунун бир чарбасы болуп турган.

Чек аралар ушул күнгө дейре толук такталбагандыктан аймакта жер-суу талаштарынан улам эки элдин ортосунда тез-тез чыр-чатактар чыгып келет. Соңку мындай чатак 5-6 январда болуп, Сохтун Хушяр айылынын тургундары 30 чакты кыргыз жаранын барымтага алуусу жана аларга запкы көрсөтүүсү менен коштолгон. 7-январда барымтадагылар толук бошотулуп, ур-токмокко кабылгандардын сегизи ооруканага жаткан.

Барымта запкысына тушуккан жарандар 23-январда Кыргызстандын өкмөт башчысы Жантөрө Сатыбалдиевге кайрылганы белгилүү болду. Кайрылууга кол койгондор барымтада кармалып турган учурда жеген токмоктун кесепетин дарылоо үчүн узак убакыт жана көп каражат керек болорун белгилеп, дарылануу үчүн өзбек тарап 500 миң сом төлөп берүүсүн талап кылышууда.

Буга чейин өзбек тарап Сох жаңжалында келтирилген материалдык чыгымдардын бир бөлүгүн, тагыраак айтканда талкаланган машинелер үчүн 56 миң доллар төлөп берген.

5-январда тутанган бул соңку чатак Кыргызстан Чарбак айылындагы чек ара тозотуна электр мамыларын орнотуудан чыккан. Талаштуу аймакка электр мамыларын орноттуңар деген шылтоо менен топтолгон миң чакты өзбек жараны кыргыз чек арачыларына каршылык көрсөтүп, Баткендин Чарбак айылына бастырып киришкен.

Өзбек тарап бул окуяда беш жаранына ок тийип, жаракат алганын айтып чыккан. Бирок Кыргызстандын чек ара кызматы каршылык көрсөткөн өзбек жарандарына ок атылбаганын, эскертүү иретинде асманга гана ок чыгарылганын билдирген. Мына ошол окуядан бери жол жабылып, Сохко кирип-чыгуу токтогон.

Оторбаев: эл Сохко көз каранды болбош керек

Жоомарт Оторбаев

Чарбак чатагынан кийинки өкмөттүн чек ара аймактарын өнүктүрүү аракети тууралуу биринчи вице-премьер-министр Жоомарт Оторбаев “Азаттыкка” маек курду.

- Өкмөттүк жумушчу топ иштеп чыккан планга ылайык, Баткенде 51 айылды өнүктүрүү үчүн 3 миллиард сомдон ашык каражат керек экен. Сиз да Баткенге барып келгенден кийин чек арага жакын айылдарга 15-20 миллион сом бөлүнөрүн белгиледиңиз эле. Бул акча кайдан табылат? Бюджетте каралган эмес да?

- Туура, бул акча бюджетте каралган эмес. Бирок биз киреше бюджетинен ошол каражатты табышыбыз керек. Бул сөзсүз биз үчүн приоритет болот. Биринчи кезекте такталган чек араларды тосушубуз керек.

- Сох анклавынын айланасындагы кыргыз айылдарынын суу, жол маселелери качан чечиле баштайт?

- Чарбак айылын алсак, бул жерде бир жакшы булак бар. Мамлекеттик курулуш агенттигинин адистери Чарбак айылына сууну тартууга толук мүмкүнчүлүк бар экенин айтышты. Биз калган айылдардагы бардык маселелерди сөзсүз чечебиз.

Биз адегенде өзүбүздүн жарандарыбызга стабилдүү жашоону уюштурушубуз керек. Таза суу, жолдор, электр энергиясы жана тамак-аш менен камсыздашыбыз абзел. Экинчиден, инфраструктурага инвестиция жасашыбыз керек. Азыр Ош-Баткен-Исфана жолун донорлордун катышуусу менен куралы деп жатабыз. Бул менен чогуу электр зымдарын тартабыз. Суу маселесин чечүү үчүн каналдарды курууну көздөп жатабыз.

Азыр Бүргөндү массивине түрк кредитинен 7 миллион доллар каралган. Азыр бир компания тендерден жеңип алып, ишке даярданып жатат. Жылуулук келгенде ишти баштайбыз. Лейлек каналы боюнча да биз каражат булактарын издеп баштадык. Менимче, артыкчылыктуу багыт катары ирригацияга да көңүл бурсак, туура эле болот.

- Азыр Сох анклавы жабык турганы, бир канча кыргыз айылдары изоляцияда экени айтылып жатат. Мындай жагдай канчага чейин созулат?

- Сох аймагы жабык эмес. Өзбекстандын жарандарына чыкканга мүмкүнчүлүктөр бар. Бизде Бөжөй деген айыл бар. Бул жерде Өзгөчө кырдаалдар министрлиги менен жол куруп жатабыз. Бир айдын ичинде Сохту айланып өтүүчү жол даяр болот. Азыр Бөжөй айылынын тургундарына биз тик учак менен тамак-аш, суу, күйүүчү май жиберип жатабыз. Калган айылдарга да жолду түздөйбүз. Бул жагынан элге бир иш жасашыбыз керек. Эл эч кандай Сохко көз каранды болбошу керек.

- Буга чейин өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгү аймактагы кырдаалды талкуулоо сунушуна Өзбекстан тарап жооп бере электигин билдирген. Маселени, өкмөттүк деңгээлге алып чыгып чечсе болобу?

- Биз бардык жактан, акимдин, губернатордун жана Чек ара кызматынын деңгээлинде Өзбекстандын адистерине чыгып жатабыз. Бирок жергиликтүү деңгээлде байланыштар бар. Шашылыш маселелер боюнча сүйлөшүүлөр болуп жатат. Жолугушуулар да болуп жатат. Эми биз өзбек өкмөтүнөн жооп күтүп жатабыз.

- Кыргызстанга тиешелүү Өзбекстандагы Барак анклавынын тургундары да байланышсыз калышканын "Азаттыкка" айтышкан эле. Аларга кандай жардам көрсөтүлөт?

- Барак анклавын жаап коюшканын уктук. Бирок биз Барак айылынын тургундары менен түз байланыштабыз. Эгер маселе чыгып калса, биз өзүбүз аларга жардам беребиз. Бул жагынан эч кандай проблема болбойт.

Сох анклавы жабык эмес. Сохтон элди, товарларды чыгарганга мүмкүнчүлүк бар. Биз Сохтон чыга турган тургундарга коопсуз жолду уюштурабыз. Эгер керек болсо ички иштер кызматкерлеринин коштосу менен жарандарды же жүктөрдү жөнөтө алабыз.

- Маегиңизге рахмат.

Жылкычы бозой

Нусратила Нуридинов

Мургабдык мугалим Нусратила Нуридинов кыргыз жылкысынын тукумун сактап калуу ишине да аралаша баштады.

Нусратила Нуридиновдин кесиби мугалим, ошол эле убакта кыргыз жылкысын өстүргөн фермада иштейт:

- Атка кызыкканымдан улам, тогуз жашка караганда атам ат алып берген. Кичинекей ат эле, өңү көк болчу. Бизде боз деп коет. Ак-көк түстө болчу. Алты айлык кулун кезинде алып келген.

Жылкычы бозой
please wait

No media source currently available

0:00 0:08:18 0:00
Түз линк

Нусратила Нуридинов Тажикстандын Тоолуу Бадахшан автоном областында туулуп өскөн. Франциядагы жылкы жарманкесиндеи Памир павильонунда отурганыбызда, ал мага биринчи атын мингенде балдар кантип шылдың кылганын айтып берди:

Авиньон фестивалынан көрүнүш
Авиньон фестивалынан көрүнүш
- Кулунумду карап жүрсөм, балдар "эшек минип алыпсың" деп күлүшчү. Мен бул эшек​ ​эмес, ат деп, алар менен аябай урушчумун. Ошентип жүрүп, атым чоңойду, мен да онунчу класс болдум. Чоң болгондон кийин улуттук оюндарга, көк бөрүгө катыша баштадым.

Андан кийин тилекке каршы, атым өлүп калды. Ат жок, өзүм чоңоюп мектепте иштечүмүн. Үйдүн эң кенжеси болгондуктан, үйгө келип, мага ат алып бербейсиңер деп ыйлачумун.

Үйдүн эң кенжеси болгондуктан, үйгө келип, мага ат алып бербейсиңер деп ыйлачумун.
Нусратила

Бирок өзүм жылкыны көбөйтүштү максат кылып жүрдүм. Ошентип жүргөнүмдө атам дагы кайрадан ат алып берди. Аны минип алып, кубанычым койнума батпай жүрдүм, бирок аны бир күнү топоздун чоң букасы ичин жарып таштады.

Жолдуу болуп, мындан эки жылча мурда Бишкектен "Кыргыз аты" коомдук корунун өкүлдөрү келип, Нусратила жашаган Көөнө-Коргон айылында жылкы ферма ачабыз деп калышты. Жылкыга ыклас жигит алыстан келген конокторго барып учурашып, таанышты, ошондон көп өтпөй фермада иштеп калды:

- Эми ат алайын деп отурганымда, "Кыргыз аты" мекемесинен (өкүлдөр) Жаклин Рипардын демилгеси менен кыргыз жылкысын өстүрөбүз деп барып, учурап калдым. Экөөбүз сүйлөшүп, ошол боюнча жылкы өстүрүүгө аралашып калдым.

Мургабда илгери 400-500дөй жылкы болcо советтик доордо дээрлик тукум курут болуп кеткен.

Нусратилла кыргыз жылкы фермасында
Нусратилла кыргыз жылкы фермасында
Өткөн жылдагы Мургабдагы ат чабыш жарманкесинде 30 чакты жылкы келет деп атышкан, бирок 10дон ашыгыраак гана болду.

Мургабдагы Көөнө-Коргон айлындагы ферманы жаңы ачканда жылкычылар кыргыз жылкысын Ат-Башы, Алайга барып, атайын тандап алып келишкен. Бул Нусратиланын Кыргызстанга биринчи сапары эле:

- Жылкыны сатып алыш үчүн Мургабдан жөнөгөнбүз. Сулайман ашынанын (ред.: Сулайман Олжочиев – "Кыргыз аты" коомунун Мургабдагы координатору) машинасын минип алып, Ошко бардык. Оштон самолет менен Бишкекке келдик. Бишкектен такси жалдап алып, Ат-Башы районундагы Кызыл-Туу айылына бардык.

Күтүрөгөн жылкыны көрүп таң калдым, анткени Мургабда илгери Союз убактысында жылкыны жоготуп жиберишкен. Жылкыны айланчыктап жүрсөм, ат–башылыктар «Мургабда жылкы жок дейсиң, бирок өзүң жылкыны аябай кыйын билет экенсиң», деп күлүштү. Ал жерден 3 баш жылкы сатып алдык да, машинага жүктөп, Бишкекке алып барып, андан ары Ош аркылуу кеттик. Ноябрь айы болчу, жолдон Алайдан 1 жылкы алдык.


Ат-башылыктар алыстан жол арытып келген улутташтарын тамаша-чынга салып, "тажик" деп тергешти, бирок Нусратила ага териккен жок:

- Бизди жакшы кабыл алышты. Тажикстандан келген кыргызбыз десек, алар «тажик туугандар турбайсыңарбы» дешти.

Нусратила Мургабда башталгыч класстын мугалими болуп иштейт. Бош убактысында 4 жылкыны карайт. Мургабдан 8 чакырым аралыктагы бул чакан жай кыргыз жылкысынын тукумун сактап калуу максатында дүйнөдөгү биринчи жана азырынча жалгыз ферма болуп саналат.
Ат-башылыктардын бизди «тажик туугандар» деп тергегенине териккен жокмун.
Нусратила

Былтыркы кулундардын теги белгисиз болгондуктан сатып жиберишкен. Быйыл май айында эми кыргыз айгырынан экендиги анык болгон кулундар туулат деп күтүшүүдө:

- Эки жылдан бери "Кыргыз аты" менен Памирде кыргыз жылкысынын тукумун көбөйтүү боюнча иштеп жатабыз.

Жылкыларыбыз азыр жакшы, кыштын суугун сезбестен, тоолуу аймакта өсүп жатышат. Былтыр жылкыны жаңы эле алып барганда кар калың түшүп калып, тилекке каршы, аябай кыйналган элек. Кээ бир малдын төлү жакшы болбой, ордунан тура албай калды. Жем-чөп аз болуп, кар көп түшпөдүбү...


Нусратилла жердеши Сулайман Олжочиев (оңдо) жана "Ат чабыш" даректүү тасмасынын режисеру Филип Прүдаң менен Франциядагы жылкы фестивалында. Январь, 2013-ж.
Нусратилла жердеши Сулайман Олжочиев (оңдо) жана "Ат чабыш" даректүү тасмасынын режисеру Филип Прүдаң менен Франциядагы жылкы фестивалында. Январь, 2013-ж.
Кыргызстандан кийин эле дароо Францияга келген Нусратилла француздарды Мургабдагы тажиктер менен тектеш памирликтерге окшош эл экен деп калды.

Шыңга бой, жайдары мүнөз, ичинде кылдай карасы жоктой, күлмүңдөп сүйлөгөн 32 жаштагы саяпкердин башында желкесинен ылдый карышкырдын куйругу түшкөн тери малакай.

Аркы-терки баскан фестивал катышуучулары аны суктана карап калышат. Кыргыздардын кол өнөрчүлүк буюм-тайымдары коюлган Памир павильонуна келген коноктор менен ал «Bonjour, bonn journee» деп амандашып, француз тилин анча-мынча өздөштүрүп калды.

​Видеодо Францияда жаңырган күү:

Жылкы-жан фестивалында жаңырган күү
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:09 0:00
Жылкычы жигиттин айтымында, 4 миң метр бийик тоодон түшүп келген мургабчылар деңиз деңгээли менен дээрлик теңме-тең Европада өздөрүн жеңип сезип калышты.

Ал арада фестивал да бүтүп, мургабчылар Парижди көрүп, апта соңунда үйлөрүнө кайтышты. Нусратиланы суук 35 градуска жеткен Мургабда кичинекей окуучулары, чыт курсак эки уулу чыдамсыздык менен күтүп жаткан кез.

Мургабчылардан дубай салам

Мургабчылардан дубай салам
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:59 0:00

"Ат чабыш" тасмасынан үзүндү, Франция, 2013-ж.

"Ат чабыш" тасмасынан үзүндү, Франция, 2013-ж.
please wait

No media source currently available

0:00 0:06:07 0:00

Барак айылы байланышсыз калды

2010-жылкы июнь коогасы учурунда барактыктар Кара-Суунун Ак-Таш айылындагы качкындар лагеринде баш калкалап турушкан.

Өзбекстандын аймагындагы Кыргызстандын Барак эксклавынын жашоочулары чек ара жабылгандыктан байланышсыз калды.

Бул тууралуу “Азаттыкка” кабарлаган Барак айылынын тургундары азык-түлүк жана отун-суу тартыштыгына кабылганын айтышууда. Ал эми Кара-Суу районунун акими абал көзөмөлдө экенин, чукул жардам көрсөтүүгө камылга көрүлгөнүн билдирди. 5-7-январда Баткендин Чарбак айылында чек ара чатагы чыккандан тарта эки өлкөнү байланыштырган бир катар чек ара бекеттери жабылган болчу.

Барактыктар эмне дейт?

Өзбекстандын ичинде жайгашып калган Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Барак айылында 16-январдан бери Кыргызстан менен байланыш үзүлгөн. Буга өзбек тараптын чек ара бекетин жаап салганы себеп болгондугун Барак айылынын тургуну Алмаз Каримов билдирди.

- Биз Бирлешкен чек ара бекети аркылуу кирип-чыкчубуз. Азыр ал транзиттик жолубуз да жабык. Биз негизи Кара-Суу базарынан тиричилик кылчу элек. Жумушуна барчулар, ошондой эле студенттер азыр эч кайда чыга албай отурат. Бизде оорукана да жок, базар да жок.

Өзбекстандын аймагында жайгашкан Барак айылы Ош облусуна караштуу Кара-Суу районунун Ак-Таш айылдык округуна карайт. Барактын дагы бир тургуну Полот Умаров айылда азык-түлүк тартыштыгы чыкканын айтат:

- Эң орчундуу маселе бул - көмүр. Электр жарыгы да кечке жок болот. Анан макарон, ун, картөшкө сыяктуу майда-чүйдөлөрдөн жардам болсо дедик эле. Азыр бизден кабар алган киши жок. Азык-түлүк түгөнүп баратат. Биринде май, биринде ун түгөндү. Буга чейин дүкөндөрдө болгон азык-түлүктүн баары түгөндү. Базардан алып келчү элек. Азыр болсо жол жабык.

Бирине сала бири жабылган өткөрмө бекеттер

Барак Өзбекстанга анклав болуп калган Кыргызстандын жападан жалгыз айылы жана ал чек ара тилкесинен 1,5 чакырым алыстыкта орун алган. Анда 153 түтүн эл жашап, жалпысы миңге чукул адам бар. Барактыктар күн өткөн сайын Кыргызстанга кирип-чыгуу кыйындап баратканын айтышып, буга чейин эле өздөрүн көчүрүп алуу өтүнүчү менен президентке, өкмөт башчыга жана ЖК төрагасына бир нече ирет кайрылышкан.

Ал эми Кара-Суу районунун акими Тилекбек Матраимов ушу тапта Барак айылында түзүлгөн кырдаал көзөмөлдө деп ишендирди.

- Ошол айылдан шайланган жергиликтүү депутаттар жана айыл башчы бар. Алар менен күнүгө байланышып жатабыз. Айыл тургундары өздөрү кечээ эки буканы союп, бөлүп алышыптыр. Эми азыр өтүүгө жол бербей жатышпайбы. Бирок мурдагы күнү чек ара кызматынын бир полковниги Баракка кирип, кош бойлуу аялдарды алып чыкты. Ошол чек арачыга гана уруксат беришиптир. Азыр мамлекет иштерди жүргүзүп, сүйлөшүүлөр жүрүп жатпайбы. Азык-түлүк болсо, азырынча жетиштүү. Бирок биз бул жакта да азык-түлүк даярдап койгонбуз, жол ачылса эле киргизебиз.

Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы чек ара бекеттердин жабылышы Өзбекстандын Сох анклавы менен чектешкен Баткендин Чарбак айылында 5-7-январь күндөрү чыккан чырдан кийин болуп отурат. Ошондон кийин Кыргызстан Сохтун тегерегиндеги бардык чек ара бекеттерди жапкан. 60 миңдей калкы бар Сох районунун калкы да азыр Өзбекстандын негизги аймагы менен байланыша албай отурат.

Ал эми Өзбекстан 17-январдан тарта кыргыз-өзбек чек арасындагы “Достук”, “Маданият”, “Кең-Сай” жана башка өткөрмө бекеттеринен жарандарды жана унааларды бир тараптуу гана өткөрүп баштаганын Кыргызстандын чек ара кызматы маалымдаган болчу.

Кочкоров: Эл эки тарапка бирдей шарт болушун талап кылууда

Баткендеги жана Сох анклавындагы абал менен таанышып келген Жогорку Кеңештин депутаты Улукбек Кочкоров “Азаттыкка” ой бөлүштү.

- Сиз Чарбакта чатак чыккандан кийин Баткен жана Сох анклавындагы абал менен таанышып келдиңиз. Сох анклавынын ичиндеги кырдаал кандай экен?

- Чындыгында эле алар толугу менен изоляцияда болгондуктан азык-түлүк жана күйүүчү майдын баасы кымбаттап кеткен болчу. Бул көрүнүш улана бере турган болсо ал жакта жашап жаткан кошуна өлкөнүн калкына оор эле болот.

- Ал эми жергиликтүү тургундар эмне дешет?

- Кыргызстан аймагындагы жергиликтүү айылдардын тургундары Сох анклавын толугу менен изоляция кылууга ниеттери жок экенин айтып жатышат. Алар “кыргыздар кайсы чек ара бекетинен өтсө, булар да ошол бекеттен өтсүн” деп жатышат. Сохтуктар Чечме деген посттон чыгып, “Достуктан” киришсин деп айтып жатышат. Ал жакта Сохту Өзбекстандан бөлүп коёлу деген башка бир сөздөр айтылган жок.

“Эмне үчүн биз 230 чакырым бир тарабына барып, кайра эле ошондой чакырымдай жол жүрүп келип, өз туугандарыбыз менен катышабыз? Ошондой эле шарт өзбек тарапка болсун! Эмне үчүн өзбек бийлиги бизди бөлүп карайт?” деген сөздөр болду.

- Өзбек тарап Баткен облустук бийлигинин абалды сүйлөшүү боюнча сунушуна жооп бере элек. Демек, соңку чатактан кийинки жагдайды жергиликтүү деңгээлде жөнгө салууга болбой калдыбы?

- Чындап айтканда Сохто азыр эл кыйналып жатышат. Азык-түлүктөрү кымбаттап кеткен. Биз алардын Чечме (Кадамжай тарапта) жагынан чыгып, соода-сатык кылганына мүмкүнчүлүк беришибиз керек. Бул багытта биз тараптап тоскоолдук деле жок болсо керек деп ойлойм. Аны эки эл сүйлөшүп туруп, жасаш керек.

Буга чейин буларга суу, жайыт керек болгон. Биздин мыйзамдар боюнча бул эл аралык келишимдер менен чечилиши керек эле. Бирок Өзбекстан тараптан ошону келип чечүүгө кызыгуу жок. Айрым маалымат боюнча, өткөндө тополоң чыкканда Сох анклавынын калкы өзбек бийлигине катуу талаптарды койгон. Силер биздин маселени жыйырма жылдан бери чечпей, көңүл бурбай жатасыңар дешкен. Бирок эмнегедир расмий бийлик тарабынан жакшы, чечкиндүү иш-чаралар болбой жатат. Өздөрү биринчи кадам таштап, басып келбеген учур болуп жатат.

- Президент аппаратынын Тышкы саясат бөлүмү чек ара чатагы эми гана чечиле баштаганда Жогорку Кеңештин айрым депутаттарынын комментарийлери кырдаалды жөнгө салуу саясатына зыян келтирип жатат деп билдирди. Чындап эле айрым депутаттар абалды көбүртүп-жабыртып жиберген жокпу?

- Кандай болгонун так билбейм. Бирок депутаттар деле элге күйүп айтып жатышкан болсо керек. Балким бул дипломатиялык сүйлөшүүлөргө залакасын тийгизип жаткандыр. Бирок эми айтыш да кыйын...

Баткен: Сох боюнча сүйлөшүү токтоп турат

Сохтун жанындагы Чарбак айылында коопсуздук чаралары дале күчөтүлгөн абалда, Баткен. 16-январь, 2013.

Баткен облустук бийлиги өзбек тарапка чек арадагы абал боюнча сүйлөшүү ниетин билдиргени менен кошуналардан жооп жок.

Чарбак чатагынан улам эки жумадан бери Өзбекстандын 60 миңдей калкы бар Сох анклавы өлкөнүн негизги бөлүгү менен байланыша албай турат. Чек ара эки тараптан тең жабылган. 6-январдан бери чек аралары жабык турган Сох анклавынын ичинде ушу күндөрү тамак-аш тартыштыгы байкалып, күйүүчү май, отунга болгон баа өсүп кеткен.

Эки тараптуу расмий сүйлөшүүлөр 10-январдан бери токтоп турат. Баткен бийлиги кошуналар менен сүйлөшүп, абалды жөнгөрүү үчүн алгачкы кадам жасап, өзбек тарапка сүйлөшүү ниетин билдирген. Бирок облус башчысы Жеңиш Разаков кошуналар эмнегедир мындай сүйлөшүүгө кызыкдар болбой жатканын айтат:

- Баткен районунун акими аркылуу Өзбекстандын Сох райондук жана Фергана облустук акимчиликтерине кабар бердирдик. Фергана облустук акимчилигине телефон аркылуу да айттырдык. Сохтун айланасындагы маселени сүйлөшөлү деп өзүбүздүн биринчи кадамыбызды жасадык. Бирок алар тараптан эч жооп жок. Эгер аларга жол керек болгондо жооп беришмек. Демек аларга азырынча жолдун кереги жок окшойт. Зарыл болгондо алар да сүйлөшүүгө келип, өз сунуштарын беришмек да...

Чек аралардын жабык турганына байланыштуу Сохтун тегерегиндеги кыргыз айылдарында да каттам жаатында бир нече маселелер жаралган. Аймактагы чек арага байланышкан көйгөйлөрдү чечүү, жаңжалды иликтөө үчүн кыргыз өкмөтү тараптан мекемелер аралык жумушчу топ, атайын комиссия да иш алып барды.

Жеңиш Разаков азыркы тапта чек арада абал туруктуу болуп калганын кошумчалады:

- Негизинен Сох анклавынын айланасындагы биздин айылдарда абал жакшы. Биз өзгөчө абал киргизген айылдарыбызда тамак-аш, отун-суудан эч кандай кемчилик жок. Жол каттамдары бар. Биздин жарандарда зарыл муктаждыктар чечилди.

Сох анклавына жол жабык турган азыркыдай учурда маселени чечүүгө ириде өзбек тарап өздөрү кызыкдар болушу керек эле дегендер да четтен табылат.

Жергиликтүү журналист Султан Артыков кыргыз бийлиги Сохтун айланасындагы айылдардын кээ бир зарыл маселелерин дароо чечип, кошуналардан абалды жөнгөрөлү деген сунушту күтүшү керек эле деген пикирде:

- Маселе эки тараптан чечилиши керек. Биздин бийлик маселени чечели деп сунуш кылганына алар жооп бербей жатат. Биз үчүн Сохтун чек арасы жабык турганы анчалык деле трагедия эмес. 20-30 млн. сом жумшап, ошол кыргыз айылдарына жол маселесин чечкен соң, биздин облустун бийлиги сүйлөшүү маселесин өздөрү козгобой, кошуналардын сунушун күтүш керек эле.

Жергиликтүү калк болсо кыргыз бийлигине чек арадагы маселени биротоло чечүү үчүн чек араны аныктап, бөлүп алуу, тиешелүү жерлерди тосууну тездетүү зарылдыгын сунушташкан. Баткен району менен Өзбекстандын Сох анклавынын чектешкен аймагынын 40 пайызы али тактала элек. Такталган чек арадагы 1,5 чакырымдай жерге азыр кыргыз тарап казыктарды кагып, тосмолоо иштерин баштады.

Бул арада өзбек тарап Чарбак жаңжалында зыян тарткан кыргыз жарандарына материалдык чыгымдарын төлөп бере баштады. Кыргыз тарап чыгымдар толук төлөнмөйүн Сох анклавына жол ачылбастыгын эскерткен.

5-7 январдагы Сох-Чарбак жаңжалында Кыргызстандын 30 жараны барымтага алынып, бир күндөн кийин бошотулган.

Өзбек тарап бул окуяда беш жаранына ок тийип, жаракат алганын айтса, Кыргыз чек ара кызматы каршылык көрсөткөн өзбек жарандарына ок атылбаганын, чек арачылар эскертүү иретинде асманга гана ок чыгарышканын билдирген.

Мамытов: Чек арачы ток болсо, чеп бек болот

Кыргызстан менен Өзбекстан ортосундагы чек ара кризисин жоюу, каражат жагынан чабал, саны жагынан аз Кыргызстан чек ара кызматын күчтөндүрүү үчүн кандай аракет көрүлөөрү тууралуу “Азаттыкка” Чек ара кызматынын жаңыдан дайындалган төрагасы Токон Мамытов маек курду.

- Сох-Чарбак жаңжалынан кийин өкүм сүргөн чек ара кризисин жоюу үчүн биринчи кадамыңыз кандай болот?

- Адегенде Сох-Чарбак жаңжалынын чыгыш себептерин комплекстүү түрдө карашыбыз керек. Азыр бул чатакка 20 жылдан бери топтолуп, чечилбей калган маселелер түрткү болду деп байма-бай эле айтылып жатат. Мен деле андай пикирлерге кошулам.

Ачык эле айтайын, коңшу мамлекеттер менен чек арабызды толугу менен аныктап, тактамайын мындай чатактар боло берет. Дал ушундай олку-солку кырдаалда чек ара кызматынан чек аранын коопсуздугун камсыздоо үчүн кызматтык, аскердик тартипти күчөтүү зарыл.

Ар бир чек арачы, чек ара тозотунун командири алдына коюлган милдетти жана максатты так түшүнө билип, аны кайсы жолдор менен аткараарын билиши керек. Ошондуктан жетекчи катары ички тартипти күчөтүүнү колго алышым керек.

Экинчиден, чек арачылардан тартипти талап кылуу үчүн аларды социалдык камкордуккка алып, тиешелүү шарттарды түзүп беришибиз керек. Бул жакшы айлык акы, социалдык компенсациялар, жашаганга турак жай, аскерлерге болсо кийим-кече, сапаттуу тамак-аш.

Үчүнчүдөн, чек арада инженердик-техникалык тосмолор болот. Өкмөт жана жергиликтүү бийлик органдары менен биргеликте такталган аймактарга ушундай тосмолорду орнотууну уланта беришибиз керек. Мындан тышкары аскерлер арасындагы тартипти күчөтүү зарылдыгын да көрүп турам.

Маектин аудио вариантын бул жерден угуңуз:



- Ал эми конкреттүү Сох-Чарбак жаңжалындагы кризис боюнча эмнелер жасалат?

- Чек арачылар чек араны коргоо боюнча милдетин аткарып келишкен, аны уланта беришет. Муну менен катар дал ушундай кырдаалда коңшу өлкөлөрдүн чек арачылары менен биргеликте кырдаалдан чыгуунун жолдору да иштелип чыгышы керек. Ошондуктан коңшу мамлекеттин тиешелүү жетекчилери менен жолугуп, ушул боюнча сүйлөшсөк деген ойлор бар.

Сүйлөшүүлөр уланат

- Чарбактыктарга келтирилген материалдык гана эмес, моралдык да чыгымдар төлөнүш керек деген маселе коюлуп жатат. Демек ошонун баары эсептелип бүтүп, чыгымдар төлөнгүчө Сохтон чыккан чек ара тозоттору ачылбай турабы?

- Учурда Сохтун тегерегиндеги 5 чек ара өткөрмө бекети жабык. Мунун айынан Сох анклавынын ичинде эле эмес, анын айланасында калган Бөжөй, Таян, Согмент деген биздин айылдардын калкы деле жабыркап жатат. Ал тургай Кыргызстандын аймагынан бөлүнүп калган Бөжөй айылынын тургундарында азык-түлүк көйгөйү жарала баштады. Дагы жакшы, өкмөт тик учактар менен керектүү нерселерди жеткиргенге аракет кылып жатат.

Ошондуктан эл кыйналбашы үчүн ошол жактагы аким, губернатор, чек ара бекеттеринин башчылары ийри отуруп, түз кеңешип, тозотторду ачышыбыз керек. Биз үч тозотту ачсак, алар да ошол эле сандагы тозот ачкандай тил табышып, анан бул маселени чечүү керек болуп жатат.

Ал эми материалдык чыгымдарды төлөп берүү боюнча айтсак, азыркыга чейин айрымдарына тыйын-тыпыр алып келип төлөп кетишти. Дагы сүйлөшүүлөр болот, анда да төлөшөт. Бул маселелер бара-бара чечилип келатат.

- Бирок Өзбекстан жооп катары Оштогу "Достук" чек ара өткөрмөсүн жапты. Бул эки коңшу өлкө ортосундагы психологиялык согуштун башталышы эмеспи? Мындай тирешти жоюу үчүн Өзбекстандын Чек ара кызматынын башчысы менен сүйлөшүп жатасызбы?

- Жок, азырынча сүйлөшө элекпиз. Бирок жакын арада коңшу мамлекеттин чек ара кызматынын жетекчилери кездешип, сүйлөшүү боюнча даярдык көрүп жатабыз. Бирок ал кандай деңгээлде сүйлөшүү болоору азырынча белгисиз. Ошентсе да кайсы убак болбосун, кайда болбосун алар менен сүйлөшүүгө даярмын. Ал эми психологиялык согуш башталды дегенге мен кошула албайм. Бул жерде түшүнбөстүк болуп жатат деп айтаар элем.

Тынч жатпаган күчтөр

- Айрым билермандар Сох-Чарбак жаңжалына расмий Ташкент кызыкдар эмес болчу, кайсы бир кыянатчыл күчтөр тукурду деп жазышты. Буга сиздин комментарийиңиз кандай?

- Мен деле буга Ташкенттин, же Бишкек, Дүйшөмбүнүн тиешеси бар деп айта албайм. Аны далилдей турган фактылар жок. Мында өлкөлөр аралык, улуттар аралык, социалдык-экономикалык жана чек ара маселелерин чечилбегенинен эле болуп жатат. Бирок дал ушундай чек ара аймактарындагы жер, суу, жайыт талаштан айрым күчтөр, диний-экстремисттик топтор, мыйзамсыз куралдуу жана террорчул топтор колдонуп жатат.

Муну менен катар айрым өзбек бийлигине каршы же Кыргызстан менен Өзбекстан чатакташып калса, өзүнө упай топтоону каалап, кырдаалдан пайдаланалы деген саясий күчтөр да бар экенин эстен чыгарбашыбыз керек.

- Чек араны тактоодо эки тарап өзүнө ылайык карта менен иштөөнү талап кылып жатат. Эгер ушундай эле көгөрүп туруп алышса, талашты чечүүнүн башка кандай жолдору болушу мүмкүн? Мисалы, канча бир жылга мораторий жарыялоо же талаштуу жерлерди алмаштыруу сыяктуу жолдор бар дешет.

- Эми Союз таркаган соң анан курамына кирген 15 өлкө үч маселени чечүүгө киришкен. Алар: саясий, экономикалык жана чек ара маселелери. Себеби ал кезде бардык өлкөлөрдүн ортосунда эле чек ара жок болчу.

Ошол мезгилде ушул чек ара маселесин чечүүгө киришкенде Кыргызстан бир аз артта калды. Себеби өлкө ичиндеги саясий иштер менен алектенип эле чек арага көп көңүл бурбай койдук. Мисалы, коңшу мамлекеттер чек ара кызматтарын түзүшсө, биз 1998-жылга чейин аны кайтарууну Орусияга берип, алар кеткен соң гана мындай кызматты түзгөнбүз. Мына ушунун баары эле азыркыдай кырдаалга жол ачкан себептерден болууда.

Ал эми чек ара тактоо иштерин айтсак, бизде жалпы чек аранын узундугу 1373 чакырым, бул айрым маалыматтарда 1378 чакырым деп айтылып жүрөт. Мына ушунун 1100 чакырымы учурда такталып бүткөн. Ошентип 200 чакырымдан ашык 58 жер тилкеси тактала элек.

Мында Өзбекстан 1924-26-жылы бекитилген картаны көтөрүп жатат. Биз болсо 1956-58-жылдагы карта боюнча тактоону талап кылып жатабыз. Талаш-тартыш мына ушул жерде болуп жатат. Эми мындан чыгуу үчүн өз беттегенибизди эле кармап тура бербей стандарттуу эмес, башка жолдорду карашыбыз керек болуп турат.

Дүйнө жүзүндө анклав, эксклав деген чек арага байланыштуу чатакташа жүргөн 30-40 мамлекет бар. Алар анклав менен алмашып, же башка жол менен тил табышып, чечишип келатат. Ошондуктан биз да алардын тажрыйбасын эске алып, ордубузда тура бербей, маселени алдыга жылдыруунун жаңы жолдорун карашыбыз керек болуп турат.

- Чек ара азабын тарткан аймактардын тургундары жергиликтүү да, борбордук бийлик да суу жүрөктүк кылат, бекем тура албайт деп даттанышат. Мисалы, эки ортодо кичине эле чыр чыкса, коңшулардын аскерлери да, милициясы да өз жагына болушабыз деп жетип келишет экен. Ал эми кыргызстандык күч органдары теңелбейли деп четте карап турушат дешет.

- Мен биздин күч органдары теңелбейли деп эле четте турушпаса керек деп ойлойм. Биз тараптан тартип коргоо органдары буга көңүл буруп, тиешелүү чараларды көрүп, жылыш болуп келатат. Мисалы, акыркы эле окуяларда Баткен облустук прокуратурасы мыйзамдын негизинде чек араны бузуп өтүп, тартип бузгандарга кылмыш ишти убагында козгоп, Өзбекстан тарапка өткөрүп, жоопко тартууну талап кылып жатат.

ИИМ да, биздин кызмат да мындай жаңжалдын кайталанбашы үчүн көптөгөн иштерди аткарып жатат. Анан суу жүрөктүк кылып жатат деген туура эмес. Мындай маселелерди союл алып эле чуркабай, дипломатиялык жолдор аркылуу, акыл жана амал менен чечүү керек. Ошондо утуш биздики болот.

.

Апта: Транзиттик борбор, жабылган жолдор...

"Манас" аба майданындагы АКШ транзиттик борбору, 7-июнь, 2012.

Бишкекте "Манастагы" транзиттик борбордун тагдыры боюнча сүйлөшүүлөр өттү. Жогорку Кеңеш чек ара маселесин жабык талкуулады.

Кошмо Штаттар Ооганстандагы миссиясын дурустап аяктоонун үстүндө иштеп жатат. Бул маселени АКШнын президенти Барак Обама өткөн жумада Вашингтондо ооган президенти Хамид Карзай менен талкуулады.

Транзиттик борбордун тагдыры кайрадан талкууда

Ага удаалаш бул аптада АКШнын мамлекеттик катчысынын Түштүк жана Борбор Азия боюнча жардамчысы Роберт Блейк Бишкекке келди. Ал сапарынын максаты - Ооганстандагы антитеррордук миссияны аткарууда чечүүчү ролду ойноп жаткан транзиттик борбордун тагдыры боюнча сүйлөшүү экенин алдын-ала билдирип келди.

Кыргыз бийлиги Роберт Блейк менен жолугушуу болгонго чейин эле жообун берип, 2014-жылдан кийин "Манаста" аскердик компонент болбойт деп чыкты.

16-январда президент Алмазбек Атамбаев Роберт Блейкти кабыл алган учурда бул сөздөрүн дагы бир ирет тастыктады. Бирок мына ушундай бир жактуу жоопко карабай, транзиттик борбордун келечеги боюнча үмүтүн үзө электигин Америка тарап кыйытты.

Роберт Блейктин
айтымында, транзиттик борбор боюнча сүйлөшүү жүрүп жатат, ошондуктан азырынча бир жактуу айтуу кыйын:

- Азыркы мезгилде биз транзиттик борбор боюнча сүйлөшүүнүн үстүндөбүз. Ошондуктан анын жыйынтыгы боюнча чайкоочулук кылгым келбейт. Биз президент мырзанын "Манас" аба майданында коммерциялык-логистикалык борбор куруу боюнча максатын толук түшүнөбүз жана аны колдоого аларыбызды билдиргенбиз. Өзүбүздүн кеңешибизди бергенбиз.

Демек АКШ "Манас" боюнча бир канча варианттарды кармап турат. Анын бири - "Манаста" түзүлө турган коммерциялык-логистикалык борборго катышуу, экинчиси - соодалашуу же саясий кырдаалды өзгөртүү аркылуу транзиттик борборду сактап калуу болушу мүмкүн. Кыргызстандын мурунку тышкы иштер министри Аликбек Жекшенкулов Блейктин сөзүн мына ушул варианттарды эске алуу менен ар кандай түшүнүүгө болот дейт.

Кошмо Штаттар 2014-жылдан кийин Ооганстанда тынчтык орноп, расмий бийлик баарын көзөмөлдөп каларына ишене бербейт. Ошондуктан АКШ аскерлери чыгарылгандан кийин да ооган күчтөрүнө жардам бере ала тургандай шарт сакталып калыш керек. Демек "Манас" алар үчүн 2014-жылдан кийин да керек. Андан сырткары Кытай, Орусия көзөмөлүнө алууга умтулуп жаткан региондо базаны сактап калуу Вашингтондун геосаясий кызыкчылыгы үчүн да маанилүү.

Өз кезегинде Орусия Роберт Блейктин сапарына өзгөчө көңүл бөлүп, тыкыр көз салып турду. Муну орус маалымат каражаттарынын анын сапарын кеңири чагылдырып, олуттуу маани берүүсүнөн байкасак болот.

Транзиттик борбордун чыгарылышы боюнча Кыргызстандын эксперттик чөйрөсүндө бир жактуу пикир жок. Мурунку тышкы иштер министри Аликбек Жекшенкулов бул маселеде президенттин позициясын колдоп чыкты. Анын айтымында, Алмазбек Атамбаев шайлоо учурунда Транзиттик борборду чыгарууга убада кылган. Эми ошол убадасын аткарып жатат. Ал эми коопсуздук маселесин Кыргызстан ШКУ, ЖККУ менен чечүүгө тийиш дейт:

- Негизи бизди коопсуздукту Америка эмес, ЖККУ, ШКУга кирген өлкөлөр менен түзүлгөн келишимдер боюнча биргеликте Борбор Азияда коопсуздук маселесин камсыз кылабыз. Эгерде кимдир бирөө кол салса, ЖККУ мамлекеттери аскер менен да, аскердик жабдыктар менен да бизге түздөн-түз жардам бериш керек.

Аликбек Жекшенкулов Кошмо Штаттар Кыргызстанга өз мүмкүнчүлүгүнө жараша жардам берген жок, инвестиция салган жок деп да сынга алды.

Ал эми дагы бир мурунку тышкы иштер министри Муратбек Иманалиев транзиттик борбор Кыргызстандын тышкы саясатындагы негизги пайдубалдардын бири деп атап келатат. Транзиттик борбор чыгып кетсе, Кыргызстандын АКШ өкмөтү менен байланышы үзүлөт дейт:

- Бул жердеги проблема транзиттик борбор кыргыз-америка кызматташуусунун, байланышуусунун бирден-бир каналы жана механизми экендигинде жатат. Биздин ортобузда андан башка кызматташуу жок. Бул - байланыштын жалгыз каналы.

Талдоочулардын баамында, Кыргызстандын Кошмо Штаттар менен байланышы солгундаса, анда эл аралык финансылык уюмдар менен да кызматташуулар начарлашы күтүлөт. Коопсуздук жагында да маселе чыгышы ыктымал.

Ири мамлекеттердин Борбор Азия регионунда тирешүүсү бул жердеги өлкөлөрдүн карама-каршылыгын күчөтүшү ыктымал. Маселен, чек ара сыяктуу орчун маселелерди чечүүдө Кыргызстан Орусия, ЖККУга таянып, ал эми Өзбекстан Батышка таянып, ортодо тирешүүлөр курч мүнөзгө өтүшү мүмкүн.

Анын учкундары Сохто байкалып, ал жаңжал эки тараптан эшиктерди жабууга алып келүүдө. Маалым болгондой, Кыргызстан Сохко барчу жолду жапкандан кийин Өзбекстан бир жактуу түрдө "Достук" жана башка бир катар өткөрмө бекеттерди жаап салды. Андан ары карыз үчүн деп түндүк регионго газ берүүнү азайтты. Абал азырынча ушундай болуп турат.

Жолго чыккан "Жол картасы"

Ички саясатта бул жумада президент өлкөнү туруктуу өнүктүрүүнүн стратегиясын, же “Жол картасын” бекитип алууга жетишти. Стратегия беш жылга эсептелип, бул мөөнөт ичинде ички дүң продукцияны эки эсе көбөйтүү каралган.

Мамлекет башчысы Алмазбек Атамбаев өлкөнүн өсүп-өнүгүүсү үчүн мезгил келди дейт:

- Ички дүң продукция жыл сайын жок дегенде 7% өсүш керек. Айтылгандардын баары чыныгы ишке аша турган нерселер. Эгерде Кыргызстанда тынчтык эле болсо, өлкө өсүп, алдыга кете турган мезгил келди. Мындан да көп долбоорлор жазылбай калды. Аларды стратегияга жазып салууга бир аз эртерээк болду.

“Жол картасында” каралган экономикалык маселелер өкмөткө жүктөлдү.

Стратегия финансылык жактан бекемделген эмес деген күмөндөр да жок эмес.

“Ата Журт” фракциясынын лидери Мыктыбек Абдылдаев ал маселени ачык койду:

- Бул жерде өкмөт жоопкерчиликти кандай кылып мойнуна алат? Бул стратегияда өлкөнүн реалдуу тармагы боюнча долбоорлор өз-өзүнчө киргизилиптир. Алар кайсы мөөнөттө ишке ашырылат жана аларга кайсы булактардан каражат издейбиз? Эгер кредит болсо, кайсы банктардан, ал эми грант болсо, кайсы мамлекеттерден? Эгер бюджеттен болсо, ар бир жылга биз канча акча бөлөбүз?

Өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев ар бир долбоорду каржылоо булагы такталган деп ишендирүүдө. Жалпысынан “Жол картасында” 70 долбоорду аткаруу каралган.

Президент жана өкмөт “Жол картасын” кабыл алууда олуттуу кыйынчылыктарга кабылган жок. Бирок Сох, чек ара маселесинде кызуу талаш-тартыштар күтүп турду. Мына ошондуктан бул маселени караган парламенттин жыйынын жабык өткөрүү чечими кабыл алынды.

Парламент чечим кабыл алганга чейин президент өз жардыгы менен Чек ара кызматынын башчысы Закир Тиленовду кызматтан алып, анын ордуна “Ар-намыс” фракциясынын мүчөсү Токон Мамытовду дайындады.

Токон Мамытов бул кызматта буга чейин да иштеп келген. Ал эми депутат катары чек арачыларга айлык акыны көтөрүү демилгесин ырааттуу көтөрүп, ага жетишкен жайы бар. Демек чек арачылар аны дурус күтүп аларында шек жок.

Токон Мамытов өзү жаңы кызматка киришип жатып, негизги көңүлдү чек арачылардын социалдык абалын жакшыртууга жана ички тартипти бекемдөөгө бураарын билдирди:

- Ички тартип бекем болуш керек. Экинчиден, ички тартипти камсыз кылууну талап кылаардан мурда, аларга социалдык жактан шарт түзүш керек. Социалдык маселелер чечилбесе, мен кантип андан муну жасабайсың, аны жасабайсың деп сурай алам?

Парламент чек ара боюнча 19-январда токтомун кабыл алды. Анда Өзбекстан менен чек араны аныктоодо эгемендүүлүк жылдары жетишилген келишимдерге таянуу өкмөткө милдеттендирилди. Андай беш келишим бар экенин буга чейин парламент мүчөсү Исмаил Исаков билдирген:

- Бизде бир топ документтер бар. Өзбекстан боюнча айтып кетсем, биринчи документибиз 1991-жылы 14-мартта Кыргызстан менен Өзбекстан ортосунда түзүлгөн “Достук жана кызматташтык” жөнүндөгү келишим. Ошол келишимдин 3-беренесинде так жана ачык жазылган: тараптар Кыргызстандын жана Өзбекстандын аймактык бүтүндүгүн, СССРдин алкагында калыптанган эки өлкөнүн мамлекеттик чек арасын тааныйт жана сактайт деп. Ошону менен бирге кол тийбестигин так сактаганга да милдеттенет деп айтылган.

Исаковдун айтымында, андан кийин 1991-жылы Алматы декларациясы, 1992-жылы Минск декларациясы, 1994-жылы Москва декларациясы кабыл алынган. 1996-жылы Ташкенде кыргыз-өзбек түбөлүк достук жөнүндө келишимге жетишилген. Анда тараптар чек араларды таануу, аны бузбоого милдеттенишкен. Бул келишимдердин баарына өзбек жетекчиси колун коюп, парламенти ратификациялаган.

Жогорку Кеңештин токтомунда андан сырткары Сохтун айланасындагы Кыргызстан айылдарын облус борбору жана Айдаркен шаары менен туташтыруучу жолдорду куруу, чек ара боюнча сүйлөшүүлөрдү активдештирүү өкмөткө тапшырылды.

Кооптондурган пайыздар

Камбар-Ата-1 ГЭСинин тагдыры кайрадан таразага түшө баштады. Белгилүү болгондой, учурда ГЭСтерди куруу боюнча кыргыз-орус келишимдер Жогорку Кеңеште ратификациядан өтүүдө.

Келишим Кыргызстандын улуттук кызыкчылыгына туура келбесин буга чейин “Ата-Журт” фракциясынын мүчөсү Жылдызкан Жолдошева жалгыз көтөрүп келген болсо, эми аны колдогон депутаттар пайда боло баштады. Болгондо да Жолдошева айымдын кырчылдашкан оппоненти Өмүрбек Текебаев Камбар-Ата-1 ГЭСи боюнча келишимди колдой албасын, ал Кумтөр боюнча келишимди эске салып жатканын билдирип чыкты.

Эгерде Өмүрбек Текебаевдин бул позициясы бекем болсо, анда ал келишимдин тагдырына коркунуч туулушу ыктымал. Анткени Текебаев башкаруучу коалицияга кирген фракциянын лидери. “Ата-Журттун” таасирдүү депутаты Акматбек Келдибеков да Жогорку Нарындагы ГЭСтерди насыя алып эле курууну сунуштады.

ГЭСтер боюнча келишимдерге өткөн жылы сентябрда орус президенти Владимир Путиндин Бишкекке сапары учурунда кол коюлган. Ага ылайык, тараптар Жогорку Нарында төрт ГЭС, Камбар-Ата-1 ГЭСин курууну макулдашкан.

Кыргыз депутаттарын ал ГЭСтердин 50% орус тараптын түбөлүк ээлик кылуусу, ал эми долбоор өзүн актаганга чейин акциялардын 75% орустардын колунда болушу чочулатып, Кумтөр боюнча келишимди эске салып жаткандай.

Кошуна Тажикстан Орусия менен мына ушундай мазмундагы келишимден баш тартып, Иран менен келишим түзгөн. Ал келишимге ылайык, ирандыктар Сангутта-2 ГЭСин курууга 180 млн. доллар, тажиктер 40 млн. доллар бөлгөн. ГЭС курулуп бүткөндөн кийин сатылган электр энергиясы үчүн акчаны 12.5 жыл бою ирандыктар алып, андан кийин ГЭСти толугу менен тажиктерге өткөрүп берет.

Мына ушундай эле формуладагы келишимге Иран менен Армения Аракс дарыясында Мегрин ГЭСин куруу боюнча жетишкени да маалым. Мына ушундай мазмундагы келишим Кыргызстан үчүн ыңгайлуу эмеспи деген суроо туулат.

Жылкы-жан фестивалында жаңырган күү

Жылкы-жан фестивалында жаңырган күү
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:09 0:00

Эгер база кетсе...

Кыргызстан “Манастагы” транзиттик борборду чыгарса, АКШ өкмөтү менен карым-катнаш кандай болушу мүмкүн?

Коомдук саясат институтунун директору Муратбек Иманалиев Кыргызстан “Манастагы” транзиттик борборду чыгарса, АКШ менен карым-катнаш үзүлөөрүн эскертти:

- Бул база америка-кыргыз кызматташтыгын байланыштырган негизги түйүн. Эгерде бул базаны чыгарчу болсок, АКШ өкмөтү менен болгон бардык байланыштар үзүлөт деп ишенимдүү айта алам.

Иманалиевдин ою боюнча, Кыргызстанды дүйнөгө таанытып, ким менен болбосун эсептешүүгө мажбур кылган нерсе дал ушул база болуп саналат. Үлкөн дипломаттын билдирүүсү АКШ мамлекеттик катчысынын Түштүк жана Борбор Азия боюнча жардамчысы Роберт Блейктин 17-январда Бишкекке кезектеги сапарына туура келип отурат. Бул жолу да америкалык даражалуу өкүл АКШнын “Манастагы” жүк ташуучу транзиттик борборунун келечеги тууралуу кыргыз тарап менен дагы эле сүйлөшүүлөр жүрүп жатат деген пикирин айта кетти.

Президент Алмазбек Атамбаев менен АКШнын мамлекеттик катчысынын жардамчысы Роберт Блейк
Президент Алмазбек Атамбаев менен АКШнын мамлекеттик катчысынын жардамчысы Роберт Блейк
Ал эми Блейк менен жолугушууда кыргыз президенти Алмазбек Атамбаев антитеррордук күчтөрдүн транзиттик борбору боюнча келишим 2014-жылы аягына чыгарын дагы бир жолу эсине салып, “макулдашуу мөөнөтү аяктаган соң "Манас" аэропортунда аскерге тиешелүү эч нерсе калууга тийиш эмес” деди.

Роберт Блейктин белгилешинче, президент Атамбаев АКШга “Манас” аэропортунда транспорттук түйүн, башкача айтканда хаб түзүүнү сунуштаган. Эгерде хаб түзүлсө, АКШ Ооганстандагы аскерлерин Бишкектеги түйүн аркылуу киргизип-чыгарууга укугу бар, бирок аскерий эч нерсе болбойт жана азыркыдай дипломатиялык статустан ажырайт.

Эл аралык мамилелер боюнча эксперт Чынара Эсенгул 2014-жылы транзиттик борбор чыгарылса, АКШ Кыргызстан менен аскерий алаканы гана токтотуп, калган багыттарда иштеше берет деген ойдо:

- Аскерий маселеден тышкары идеологиялык фактор да бар. Ошол эле Роберт Блейк “Кыргызстан Борбор Азияда демократиялык жактан жакшы мисал болууда” деп айтпадыбы. Ошон үчүн Кыргызстан АКШ үчүн актуалдуу бойдон кала берет деп ойлойм, анткени биз кошуналарга караганда башкача жол менен баратабыз.

Жогорку Кеңештин депутаты Равшан Жээнбеков АКШ базасынан кыргыз жак саясий, аскерий жана акчалай пайда таап келатканына көңүл бурат:

- Транзиттик борбор коопсуздук жагынан алганда эле үч катмарга жооп берип атат: мамлекетке, аймакка жана глобалдык коопсуздукка. Экинчиден, жылына биздин бюджетке 60-100 миллиондогон доллар төлөп, экономикалык кызыкчылыгыбызга да жооп берет. Бул экономикалык кыйын абалдагы биздин мамлекетке чоң салым. Иманалиевдин айтканына толук кошулам, база чыгарылса, эки өкмөттүн ортосунда мамиле токтойт, анткени базадан башка АКШ өкмөтү менен кыргыз өкмөтүн бириктирген эч нерсе жок.

АКШ транзиттик борборду калтырууга болушунча жан үрөп, акыркы чечимге чейин сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт. "Бирок саясий жана экономикалык кызыкчылыктарга карабай президент Атамбаев 2014-жылы транзиттик борборду биротоло чыгарары белгилүү болуп калды", - дейт саясат таануучу Марс Сариев. Сариевдин айтымында, АКШ менен Орусиянын геосаясий кызыкчылыктарынан улам азыр кыргыз бийлиги чайналып турган учуру:

- Кыргызстанга транзиттик борбор үчүн акча деле көп келип атат, бирок азыр биздин бийликтер чочулап жатышат. Анткени Орусия биздин стратегиялык өнөктөшүбүз, АКШ Ооганстандан аскерлерин алып чыгып кеткенден кийин Орусиянын колдоосун алалбай калбайлы деп коркуп турушат. Атамбаев да Бакиевдин катасын кайталап албайын деп коркуп жатат. Азыр эки дөөнүн ортосунда кысылып турабыз.

Марс Сариев 2014-жылы транзиттик борбор чыгарылгандан кийин АКШ өкмөтү Кыргызстанга жардамын токтотуп, байланыш токтоп калат деген пикиге кошулат:

- Американын Кыргызстанга болгон кызыкчылыгы - бул аскерий база. Башка кызыкчылыгы жок. Экономикалык, маданий жактан алганда деле, АКШ 20 жыл мурун элчилик ачкан бизде, эч кандай жылыш жок. Буларга база керек. Ошон үчүн азыр акыбал курч.

"Манас" аба майданында АКШ базасы 2001-жылы ачылган. Ал эми транзиттик борбор тууралуу келишим эки өлкө ортосунда 2009-жылы 5 жылдык мөөнөткө түзүлгөн. Борбордун ижара акысы үчүн АКШ жылына 60 миллион доллар төлөйт.

АКШнын мамлекеттик катчысынын Түштүк жана Борбор Азия боюнча жардамчысы Роберт Блейк “Манас” аэропортунда жайгашкан жүк ташуучу транзиттик борборду кошпогондо 1992-жылдан тарта АКШ Кыргызстанга 1,3 миллиард доллар жардам иретинде бергенин, былтыр транзиттик борбор да өзүнчө 200 миллион доллар төлөгөнүн белгиледи. Эмки жылы Кыргызстан бул транзиттик борборду чыгарса, андан түшчү каражаттын ордун ким кантип толтурат? – бул суроого азырынча жооп жок.

Тагдырлаш, көйгөйү бир кошуналар

Кыргызстан менен Тажикстан энергетика тармагында кызматташа алат.

Кыргызстан менен Тажикстан дипломатиялык мамиле түзүлгөндүн 20 жылдыгын белгилеп жатат.

Кыргызстан менен Тажикстан 1993-жылы январда дипломатиялык мамиле түзгөн. Дипломатиялык мамиленин жыйырма жылдыгын белгилеп жаткан эки өлкө көп жагынан окшош. Эки мамлекет тең социалдык-экономикалык кыйынчылыктардан арыла албай келатат. Бул өлкөлөр мунай, газга жакыр, бирок гидроэнергетикалык ресурска, сууга бай.

Энергетикалык маселелерин чечүү үчүн ири гидроэнергетикалык долбоорлорду турмушка ашырууга умтулуп келишет. Маселен, Кыргызстан Камбар-Ата ГЭСин, Тажикстан Рогун ГЭСин курууга аракеттенүүдө. Бул аракеттер Ташкендин каршылыгына туш болуп келатканы маалым. Транспорт, коопсуздук жагынан да Бишкек менен Дүйшөмбү окшош абалда.

Эки мамлекет тең ири саясий, опурталдуу окуяларды башынан өткөргөн. Мисалы, Тажикстан жарандык согуштан көп зыян тартса, Кыргызстан ыңкылаптардан туруктуулукка өтө албай келатат. Андай ыңкылапчыл көрүнүштөрдү тажик жетекчилиги кыртышы сүйбөгөнү да белгилүү.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин маалыматы боюнча, эки өлкөнүн соодасы өсүү жолунда. Мисалы, мурунку жылдары эки тараптуу сооданын көлөмү 20 млн. доллардын тегерегинде болсо, акыркы жылдары ал 40 млн. долларга жакындап баратат.

Жол, транспорт багытында кызматташууда Кыргызстандын ролу жогору дейт Тышкы иштер министрликтин маалымат катчысы Нуржигит Кадырбеков:

- Азыркы мезгилде Дүйшөмбү-Хожент аркылуу Кыргызстанга жол салынып, Кыргызстандын Тажикстанды Орусия, Казакстан, Кытай менен байланыштыра турган коммуникациялык-транзит катары да мааниси өскөнү турат.

Бул функцияны Кыргызстан азыркы мезгилде да кайсы бир деңгээлде аткарып келатканы белгилүү.

Кыргызстандын Тажикстандагы мурунку элчиси Мирослав Ниязов Кыргызстан менен Тажикстан кызматташа турган чөйрөлөр тууралуу буларды билдирди:

- Бул эки өлкө Борбор Азияны 90% суу менен камсыз кылат. Ошондуктан эки өлкө гидроэнергетика тармагында келишимге келип, бир энерго алкак түзсө болот эле. Учурунда ошондой келишим Акаев жана Эмомали Рахмондун ортосунда болгон. Ошол энерго алкакты түзүп, биргелешип иштесек болот. Анткени Пакистан, Индия, Иран деген мамлекеттер электр энергиясына өтө муктаж.

Мургабда жашаган памирлик кыргыздар
Мургабда жашаган памирлик кыргыздар
Ниязов ошондой эле энергияны көп талап кылган аллюминий, жез, коло өндүрүү сыяктуу өнөр жайын өнүктүрүүдө да кызматташууга мүмкүнчүлүк бар экенин кошумчалады. Ал эми коопсуздук багытында кызматташуу эки тарапка тең пайдалуу дейт Ниязов:

- Бул өтө керектүү нерсе. Бул жөнүндө суроо да болбош керек. Эки өлкө жакын, көп жагынан окшош. Бул экөө биргелешип коопсуздук маселесин чечсе, абдан туура болот эле.

Кыргызстан менен Тажикстандын ортосунда айрым чечилбеген маселелер да бар. Маалым болгондой, эки өлкө чек араларын аныктап бүтө элек. Андан сырткары маданий байланыштар үзүлүп калды дейт журналист Мырзахалим Каримов:

- Мурдагы маданий-достук байланыштар алыстап кетти. Мисалы, илгери Тажикстандын Кыргызстандагы, Кыргызстандын Тажикстандагы маданият күндөрү өтчү. Ушул адабият, маданият майрамдары эки элди аябай жакындаштырып, бириктирип турчу эле. Бул нерселер жоголуп кетти.

Мырзахалим Каримовдун маалыматы боюнча, Кыргызстанда 50 миңдей тажик, Тажикстанда да ошончо санда кыргыздар жашайт. Бирок ал жактагы кыргыздар Кыргызстандан гезит-журнал албайт, телерадио дээрлик укпайт, көрбөйт. Жол, транспорт проблемасы алардын Кыргызстан байланышына да кыйынчылык туудурууда.

Сох: чыгымдар төлөнө баштады

Чарбакта жашаган балдар

Өзбекстандын жергиликтүү бийликтери 5-январдагы чек ара жаңжалында тарткан кыргызстандык жарандардын материалдык чыгымдарын төлөп бере баштады.

Бул аралыкта жаңжалга байланыштуу жолдору жабылып калган Сох анклавынын жана Бөжөй, Кара-Шоро айылдарынын тургундары азык-түлүксүз калышканын айтып жатышат. Чатактын кесепеттерин жоюу боюнча сүйлөшүүлөр жакынкы күндөрү башталат деп болжолдонууда.

Өкмөттүн Баткен облусу боюнча өкүлүнүн орун басары Саитжан Эратовдун “Азаттыкка” билдиргенине караганда, чыгымдарды төлөө 14-январда башталды. Бул максатта азыр Сох жана Баткен район акимдери баштаган эки тараптуу комиссия жаңжал чыккан аймактарда жүрүшөт:

- Эки тараптуу комиссиянын корутундусунун негизинде төлөтүп берип жатат. Баары жай-жайында. Эч ким нааразы болгон жок.

Эратовдун билдиргенине караганда, чыгымдар негизинен автоунааларга, электр өткөргүч чубалгыларга, айрым үйлөрдүн устун тийип талкаланган чатырларына байланыштуу эсептелип, акчалай төлөнүп жатат.

Анткен менен окуяга байланыштуу Сох анклавына кирип чыккан жол жабылуу бойдон турат. Мындай жагдай азыр эки тарапта тең жергиликтүү калктын тиричилигине залакасын тийгизип жатат.

“Азаттыктын” өзбек кызматы тактаган маалыматтарга караганда, 60 миң калкы бар Сох анклавынын тургундары күйүүчү-майлоочу майы, уну түгөнүп калгандыгын айтып жатышат. Ушундай эле кырдаалга тушуккандыгын Сох жолу аркылуу каттаган Баткен районун Бөжөй, Кара-Шоро айылдарынын өкүлдөрү да айтышууда. Жергиликтүү тургундардын бири Аким Гайназаров “Азаттыкка” буларды айтты:

- Бөжөй айылына эч кайсы жактан жол жок. Азыр эң кыйын маселе – ун, май маселеси болуп атат.

Ал эми Сох анклавынан Исмоилжон аттуу тургун жол жакында ачылбайт экен деген кеп кеңири айтылып жаткандыгын минтип билдирди:

- Жол али ачылбайт экен. Өкмөт жолугушуу 21-январда болот экен деп айтып жатат. Ага чейин дагы жети күн бар, адамдар айтып атышат, баары айтып атышат.

Азыр жол качан ачылары чынында эле беймаалым. Окуяга байланыштуу эки мамлекеттин Фергана жана Баткен облус бийлик башчыларынын деңгээлиндеги жолугушуусу 10-январдан бери жандана элек. Кыргыз тарап материалдык чыгымдар төлөнмөйүнчө сүйлөшүүгө барбай тургандыгын кошуналар менен алгачкы жолугушууда билдирген болчу:

- Сүйлөшүүлөр жүргөн жок. Биз чыгымдарды төлөйсүңөр, анан биз сүйлөшүүгө отурабыз дегенбиз.

Саитжан Эратовдун божомолуна караганда жаңжалдын кесепеттерин талкуулоого тараптар эми келерки эки-үч күн аралыгында Баткен шаарында же чек ара аймагында чогулчудай. Муну облустук бийлик өкүлү материалдык чыгымдардын төлөнүп бүтүп жаткандыгы менен негиздеди. Бул жолугушууда тараптар Сох анклавынын жанындагы жаңжалдын кесепеттерин ар кыл өңүттөн талкуулайт деп болжолдонууда. Анын ичинде моралдык чыгымдарды төлөө маселеси да көтөрүлөт деп билдирди Эратов.

Чарбак-Хушяр жаңжалында хушярлыктар чарбактыктардын бир тобун барымтага алып, денесине залал келтиргендиги тууралуу мурдараак маалымдалган. Жаңжалга Кыргызстандын чек ара тосотуна электр зымын кошуналардын аймагы аркылуу тартуу себеп болгон деген жүйө келтирилүүдө. Өзбекстандын айрым маалымат булактарында болсо кыргызстандык чек арачылар өзбекстандык үч жаранды ок атып, жарадар кылгандыгы тууралуу кабар тараган. Жергиликтүү бийлик мындай маалымат далилдене элек деп билдирүүдө.

Чарбак-Хушяр чатагын учурда Кыргызстан тараптан тармактар аралык комиссия жеринде териштирип жатат.

Түштүк Казакстан табият сыноосунда

Казакстан -- Катуу шамалдан Каратау шаарында жылуулук борборунун мору кулап түштү, Жамбыл облусу, 13-январь, 2013.

12-13-январда Түштүк Казакстан жана Жамбул облустарында катуу шамал жүздөгөн үйлөрдүн чатырын сыйрып кетти.

Бир нече район электр кубатысыз калды. Түштүк Казакстан облусунун Сары-Агаш районунда 170 үй-жай суу астында калды. “Астана-Павлодар” кан жолу кар күрткүдөн улам жабылды. Кыргызстандын Талас облусунун Кара-Буура районунда да ондогон тамдардын чатырларын жулуп, сарай-бастырмаларын кыйратып кеткени ырасмий маалымдалды.

Катуу шамал Түштүк Казакстан облусунда 12-январда таңга жуук башталган. Облустун Сузак районундагы Таукент шаарчасында жашаган Алия Дастанова “Азаттык” радиосунун казак кызматына берген интервьюда: “12-январда таң эртең менен шамал күчөдү. Биз жумушка саат 7де кетебиз. Шамал жыгып ийбесин деп, автобуска чейин күйөөм колумдан кармап барды. Диаметри 4 сантиметрден 10 сантиметрге чейин жеткен таштар автобустун айнектерин сындырып салды. Ошол күнү унаа болбой, биз жумушта конуп калдык”, - деди.

Ырасмий маалыматтар боюнча, кумду кошо айдаган шамалдын ылдамдыгы кээ бир жерлерде 40-45 метрге чейин жеткен.

Таукенттин башка бир тургуну Орозали Дайдаулет шамалдан шаарчадагы турак үйлөрдүн дээрлик баары зыян тартканын айтты:

- Эң катуу шамал Таукентте болду. Үйлөрдүн 98 проценти кыйрады. Кээ бир үйлөрдүн төбөсү бөлмөнүн ортосуна түшүп калды. Поселоктогу 500дөй үйдөн 10 чакты жер там гана аман калды. Менин жаңы салынган үйүм жана “времянкам” да ошондой болду. Анын бир бөлмөсүн адам жашагандай кылып эптештирип, балдарымды калкаладым.

Алия Дастанова болсо жашаган үйүнүн чатырынын 90 проценти кыйраганын, үйдө чырак да, электр да, жылуулук да жок экенин, алардын үйү борбордук жылуулук системасына кошулгандыктан меш орнотконго мүмкүн эмес экенин билдирди.

Өлкөнүн чукул кырдаалдар министрлиги дем алыш күндөрү Түштүк Казакстан облусундагы кан жолдордогу ашууларда шамал үйгөн күрткүгө камалган 111 адам жана 14 автомобил бошотулганын кабарлады.

Түштүк Казакстан облусуна 12-январга караган түнү калың жааган кар жерге тийип-тийбей ээрип, суу ташкынды да жаратып, Сары-Агаш районунда 170тей там-жай суу астында калды.

Ал эми Жамбул облус акимчилиги 28 миң чамалуу калкы бар Каратау шаарында чукул кырдаал абалын жарыялады. Себеби шамал электр линияларын иштен чыгарган. Шаарга жылуулук берчү борбордун мору кулап, мештери иштебей калган. 12-январдан бери облустун Сарысу, Жаулын жана Талас райондору да электр энергиясыз олтурат.
Жамбул облусунда апаатка каршы күрөшкө 500дөй аскер көмөктөшүүдө.

Карга жана бурганакка байланыштуу 13-январдын кечинен тарта “Астана-Павлодар” кан жолу жабылып, Алматы жана Чыгыш Казакстан облустарында автомобилдердин каттоосуна чектөө киргизилди. Адамдар жабыркады деген маалымат жок.

Казакстандын түштүк аймагын бүлүккө салган катуу шамал Кыргызстандын Талас облусунун Кара-Буура районуна да чоң чыгым келтирди. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматынын башчысы Абдишарип Бекиловдун "Азаттыкка" айтымында, өткөн дем алыш күндөрү, 12-13-январда Таластын Кара-Буура районундагы Шекер, Көк-Сай жана Аманбаев айылдарында отуз турак үйдүн 500дөн ашуун чарчы метр тунике чатырын, 402 шиферин сындырып кеткен. Андан тышкары сарай-бастырмалардын төбөсүн кыйраткан. Адам чыгымы жөнүндө маалымат жок.

Кара-Буура районунун аиминин орун басары Салкынбүбү Карбозова “Азаттыкка” келтирилген зыян акчалай жактан тактала элегин, бирок чыгымды аныктоо боюнча атайын комиссия иштеп жатканын билдирди. Ошондуктан азырынча элге көрсөтүлчү жардамдын көлөмү белгисиз.

Бөрүбашев: Жаңжал чыгаргандар жазасыз калчудай

Бекбосун Бөрүбашев

Чарбактагы жаңжалга эл аралык укуктун алкагында кандай баа берүүгө болот? Бул багытта юридика илимдеринин доктору, талдоочу Бекбосун Бөрүбашев ой бөлүштү.

- Баткендин Чарбак айылында мындан бир жума болгон окуяда эл аралык укуктун кайсы нормалары бузулду?

- Чарбактагы окуяга баа берүү үчүн эл аралык укукка да, жергиликтүү укукка да кайрылуу керек. Алгач Кыргызстандын Конституциясына токтолот элем. Башмыйзамдын 8-беренеси боюнча, Кыргызстандагы азыркы аймагы бүтүн жана кол тийгис.

Ачыгын айтканда, биздин бийлик мажирөө болуп жатпайбы. Мисалы, биздин Ак үйдүн тосмосу кээ бир чиновниктер үчүн "мамлекеттик чек ара" болуп калды...


Экинчиден, биз суверендүү мамлекетпиз. Үчүнчүдөн, бизде барымтага алуу, менчикке кол салуу боюнча Кылмыш-жаза кодексинде атайын беренелер бар. Төртүнчү жагын алганда, бизде мамлекеттик чек ара жөнүндө мыйзам бар. Мына ушул мыйзам жана беренелер бузулду.

Ал эми эл аралык укук багытында эки маселеге көңүл буруу керек. Биринчиден, эл аралык укук боюнча суверендүү мамлекеттин аймагына кол салуу, ал жерге кирип баруу, чек ара тозотунан өтүү - булардын бардыгы эле кылмыш. Бул эл аралык укукта толук жазылган. Экинчиден, барымтага алуу да эл аралык укуктук ченемдер боюнча кылмышка жатат. Мындан тышкары эл аралык укук менчикти коргойт. Чарбакта жыйырмага чукул машина талкаланды. Мына ушунун баары тең кылмыш болуп саналат.

- Кыргыз тарап бул окуя боюнча төрт кылмыш ишин козгоду. Бирок кылмышты жасагандар Өзбекстанда болсо, ким жаза тартат?

- Бул маселе жергиликтүү бийликтин деңгээлинде чечилбейт. Ошондуктан мамлекет башчысы, биздин өкмөттүн башчысы 5-6-январдагы окуядан кийин эле расмий түрдө Тышкы иштер министрлиги аркылуу нота бериши керек болчу. Андай болгон жок. Анан мамлекеттик деңгээлде расмий Ташкенге кайрылуу керек эле.

Нота менен кайрылып туруп, Кыргызстандын аймагында булар барымтага алышты, күч колдонушту деп бүт бардыгын документтеп, расмий түрдө Ташкенге жөнөтүп туруп, сураш керек болчу. Кылмышка күнөөлүүлөрдү же алар өздөрү жазалашы керек, же болбосо биздин мамлекетке өткөрүп бериши керек эле.

- Андай расмий нота болбосо, демек күнөөлүүлөр жазаланбай калабы?

- Эгер бул жогорку мамлекеттик деңгээлде чечилбесе, алар жаза тартпай калышы мүмкүн. Ачыгын айтканда, биздин бийлик мажирөө болуп жатпайбы. Мисалы, биздин Ак үйдүн тосмосу кээ бир чиновниктер үчүн "мамлекеттик чек ара" болуп калды.

Ошондуктан «Мамлекеттик чек ара жөнүндөгү» мыйзамды кайра карап чыгып, аны жогорку деңгээлде кабыл алышыбыз керек. Азыр өкмөттүк комиссия түзүлдү деп жатпайбызбы. Мындай комиссия түзүлө берет. Чек ара чатактары канчадан бери келе жатат. Комиссияны жөн эле мамлекеттик чиновниктерден түзүп койбой, ага эл аралык укук боюнча адистерди кошуу керек.

Өңүт: Сох проблемасын чечүүнүн жолдору бар

Баткендин Сох менен чектеш Чарбак айылы

Адистер Сох проблемасы алда качан эле илимий баасын алып, эми саясий гана чечимден көз каранды болуп турганын айтышууда. Фергана өрөөнүндөгү “анклавдарда тынчтыкка жетишүүнүн кандай жолдору бар?

Сох анклавындагы соңку жаңжалдын айынан азыр Өзбекстан менен чек ара жабык турат. Кыргыз өкмөтү шаршембиде Коопсуздук жана укук тартиби кеңешинде соңку кырдаалды талкуулап, тез арада абалды турукташтыруу боюнча аракеттерди көрө турганын, Өзбекстан менен чек араны тактоо ишин жандантаарын билдирди. Анткен менен, расмий Ташкен Сох эксклавындагы абал боюнча азырга чейин расмий позициясын билдире элек.

Сохтогу кырдаалды узак убакыттан бери изилдеп келаткан адистердин айтымында, бүтүндөй Фергана өрөөнүндөгү "жаңжал тутанышы мүмкүн" делген анклавдар маселеси чукул аракеттерди талап кылат.

Январдын бешинен тарта үч күн бою Баткендеги Сох анклавы, анын айланасындагы кыргыз айылдары эмне болуп кетет деген коркунуч менен жашашты.

Азыр эми ошондогу чыр, эки тараптан тең жаракат алгандар, чек арачылардын жаңжалга аралашып кеткени тууралуу эки жактан тең айыптоолор айтылууда. Бирок жаңжалдын себеби дагы көпкө талкууланаары бышык.

Бул Фергана өрөөнүндөгү конфликттүү анклавдардын статусу так аныкталбай келатканынын бир кесепети болушу мүмкүн.

please wait

No media source currently available

0:00 0:25:14 0:00
Түз линк

(Программаны толугу менен жогорудагы шилтемеден угуңуз)


Ушул тапта Борбор Азияда сегиз анклав бар. Алар постсоветтик үч республикага – Кыргызстан, Өзбекстан жана Тажикстанга – тиешелүү аймактар.

Кыргызстанда Өзбекстандын Сох, Чоң Кара Калча, Шахимардон, Таш-Дөбө анклавдары бар. Тажикстандын Кыргызстанда Ворух жана Кайрагач анклавдары жайгашкан. Ал эми Өзбекстанда Сарваксай тажик анклавы, Кыргызстандын Барак айылы анклав абалында жашайт.

Булардын ортосунда алгач делимитация иши 1924-27-жылдары болгон да, ал тушта маселе Москва тарабынан “кайсыл улут каерде көбүрөөк отурукташканына жараша эле” чечилип калган. Ошон үчүн бүгүн эми бул республикаларды эгемен өлкө катары караганда, бири-биринин ичинде коңшулардын анклавдары жаралып калды.

Алардын ичинде окумуштуулар жаңжал эң оңой тутанышы мүмкүн деп Өзбекстандын Сох эксклавын атап жүрүшөт. Буга эмне себеп?

Сохдогу жана анын айланасындагы кыргыз айылдарынын тургундары ортосунда суу, жерди пайдалануу боюнча буга чейин да көп ирет талаш чыкканы белгилүү. Бирок чырдын масштабын алганда жана анын айынан эки жактан тең жабыркагандардын саны боюнча маселе эч качан ушул айдагыдай деңгээлге чыккан эмес эле.

Барымтадан чыккан 7 киши ооруканага жатты
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:51 0:00


Сохтогу акыркы жаңжалдан кийин эки өлкө тең чек араларын жапкан. Эми ал качан ачылары белгисиз. Кыргызстандын расмий бийлиги жаңжал толук жөнгө салынганга чейин чекти ачпай турганын билдирди.

Бирок чыр учурунда башка жакта болуп, үйүнө кайта албай калган сохтуктардын саны жүздөп саналаары айтылууда. Чек ара жабылганынан бир эле Сохтун эмес, анклавга байланышкан Кыргызстандын 700дөй тургуну бар Бөжөй айылы да изоляцияда калды.

Атын атагысы келбеген сохтук ишкер Ташкенден Сохко азык-түлүк ташый турганын, акыркы ирет алып келген азыгы бир аптага гана жетээрин “Азаттыкка” айтты. Ал чек арадан ары-бери дайыма каттап жүргөндө көргөн азабы тууралуу буларды кошумчалады.

"Бир оор машинеде унду мен жолдо 400 доллар чыгаша менен Сохко жеткирдим. Ундан сырткары, ак май, шекер алып келем. Азык-түлүгүм эми бир апта сатканга жетет, андан ары чек ара ачылбаса, эч жакка чыга албайм. Сохтуктар азыр анклавда тамак-аш бүтсө эмне болот деп, кыжаалат болуп турушат, - деди бул ишкер биздин радиого. - Негизи, Ташкенден тамак-аш алып келүү азап. Жол катар кыргызстандык чек арачыларга акча берип келебиз. Бажы, чек ара кызматтары, милициясы, МАИси, иши кылып, жолдо кимиси токтотсо, баары акча алышат. Сохтон азыр 10 миңдей киши Орусияга иш издеп кеткен. Алар чыгып жатканда да, кирип жатканда да кыргызстандык чек арачылар ар биринен 10 миң өзбек сумунан (5 АКШ доллары - ред.) акча алышат. Эч кандай квитанция беришпейт. Өзбекстандык чек арачылар алышпайт. Азыр мен Фергана облусуна барышым керек, бирок эч жакка чыга албайм. Анткени жол жабык, жолдо машинемди ташбаранга алышы мүмкүн. Коопсуздугукка эч ким кепил болуп бербейт. Сохто бизде баары бар, жашообуз жакшы, бирок башкы проблемабыз – жол. Бизге Өзбекстанга чейин коридор керек".

Уруш уруш менен, турмуш турмуш менен
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:49 0:00


Соңку жаңжалдын артынан чек араларын эки өлкө тең бирдей жапкан. Кыргыз өкмөтүнүн Баткендеги өкүлү Жеңиш Разаков шаршембиде Кыргыз өкмөтүнүн Коопсуздук жана укук тартиби кеңешинин жыйынына катышкандан соң “Азаттыкка” сүйлөп, “чек ара эң оболу сохтуктардын коопсуздугун камсыздаш үчүн жабылганын” айтты. Анткени, Раззаковдун айтымында, Баткендин сегиз жеринде жергиликтүү эл топтолуп, “сохтуктар чыгымды төлөп беришсин” деген талап коюшкан.

"Ошол окуяга тиешеси жок эле адамдар жабыркап калбасын деп жаптык. Кечээ Фергана облусунун акими менен жолукканда да "Сох анклавынын тургундарынын коопсуздугу үчүн эле жабылып турат, бизде башка маселе жок" деп айттым. Эгер азыр Сохтон Өзбекстандын жараны чыгып, Бүргөндүдө, Айдаркенде кыргыз жарандарынын колуна түшүп калса, жаңжал дагы кайталанышы мүмкүн. Ошон үчүн биз азырынча чек араны жабык кармап турабыз", - деди өкмөттүн өкүлү Разаков.

Ал арада Сохтун айланасындагы кыргыз айылдарынын 300дөй тургуну бейшембиде Баткендеги облустук бийликтин маңдайына нааразылыкка чогулуп, “Бийлик канча убакыттан бери алардын маселесин чече албай жатканын” айтып, эки өлкөнүн тең жетекчилерин, жергиликтүү бийликти да “алсыздык” үчүн айыпташты. Жергиликтүү аксакалдардын бири Пайзилла Халилов: "Бул жерде биз кылымдар бою өзбектер, тажиктер менен тууган болуп жашап келгенбиз. Карапайым элде эч чатак жок. Бул болгону бийликтин, Өзбекстандын да, Кыргызстандын да, бийликтеринин маселени чече албай жатканынын жыйынтыгы".

Ушул Халилов аксакалдын сөздөрүн бүгүн Сохту узак убакыттан бери изилдеп келаткан адистер бышыктап жатышат.

Саламат Аламанов - бүтүндөй өрөөндөгү анклавдардын проблемасын беш колундай билген Борбор Азияда өтө аз адистердин бири. Ал Кыргызстандын чек арасын аныктоо иштерине эгемендик алынгандан бери эле тартылып, Кыргызстандын өкмөтүнүн алдындагы мамлекеттер аралык чек араны тактоо маселелери бөлүмү түзүлгөндөн тарта жетектеп, коңшулаш мамлекеттердин өкүлдөрү менен жүздөгөн расмий сүйлөшүүлөргө катышкан.

Анын айтымында, Сохтун тегерегиндеги проблеманын баары 1920-жылдары анын чеги алгачкы ирет Москвадагы жетекчилик тарабынан чийилгенде натуура бөлүштүрүлүп калганы менен байланыштуу.

“Азыр эки тарап тең проблеманы чечиш керектигин түшүнөт, бирок ар кимиси өзүнүн кызыкчылыгын максималдуу сактап калганга аракет кылып, эпке келгиси жок. Жерди алмашуу деген вариант такыр болбойт. Ал жаңжалды андан бетер күчөтөт”, - дейт Аламанов.

- Сохтун тегерегинде көпчүлүк бөлүгү чечиле элек. Анткени ал боюнча эки тараптын позициясы бири-бирине туура келбей жатат. Бирок биз эмнеге таянышыбыз керек? Советтер союзунун тушунда өкмөттөрдүн деңгээлиндеги бир нече паритеттик комиссиялар иштеген жана алар эки тарапка тең ыңгайлуу болгон сызыкты таап, ошону жобого келтирген эле. Бирок Өзбекстандын Жогорку совети аны кабыл албай коюп, ал мыйзамдашпай калган. Менин оюмча, ошондогу адистер эң эле жакшы чечим табышкан. Эми биздин коңшуларга аны “эки тарапка тең ыңгайлуу” деп ынандырыш керек. Бул үчүн жогорку бийликтердин ортосундагы ак пейил сүйлөшүү, дипломатиялык чеберчилик талап кылынат. Бул маселе эми делегациялардын деңгээлинде чечилбей турган иш болуп калды. Аны эң жогорку саясий жетекчилик гана чече алат. Ошолор бир мунасага келсе гана, ошолор берген буйрук менен маселени чечсе болот.

“Азаттык”: Сиз СССРдин тушунда адистер тарабынан сунуш этилген чечим жакшы болчу деп жатасыз. Анын негизги мааниси эмнеде болчу? Эки тарапка
эмне берет эле?

- Ал кезде анклавдын чек арасы так чийилип жазылган эле, анын чек арасынын туруктуулугуна алып келмек. Ошонун негизинде “Анклав жөнүндөгү” биргелешкен келишимге жетишүүгө негиз болуп бермек. Бүгүнкү күнү андай негиз жок болуп жатат. Эң эле чоң жумуш 1955-жылы аткарылган. Андан кийинки паритеттик комиссиялардын иши деле кайра-кайра ошол чечимге келип, ошону макул көрүштү. Бирок аны ошол учурдагы Өзбек республиканын саясий жетекчилиги кабыл албай, азырга чейин 1924-жылкы сызыкты калыбына келтирүүнү талап кылып жатышат. Ага ылайык, анклав деген маселе жок. Сох Өзбекстандын эле бир бөлүгү катары узун болуп калат (Бүргөндү аймагы Өзбекстанга карайт – ред.).

“Азаттык”: Саламат мырза, эгемендик жылдарында да бул боюнча көп сүйлөшүүлөр өттү. 2002-жылы Кыргызстан Өзбекстанга “анклавдарда жашагандарга транспорттук байланышты камсыз кылып бериши жөнүндө” келишимди сунуш кылганын айткан элеңиз. Ал келишимдин тагдыры кандай болду?

- Ал келишимди Өзбекстан тарап кабыл алган эмес. Алар Сохту анклав деп таанууга каршы болуп, аны 1924-жылкы абалына алып келиш керек деген гана позицияны карманышты. Бул дегени ал жерде анклав болбой калат. Алар бизге: “Сохтун түндүк тарабын толугу менен Өзбекстанга бергиле, биз силердин жарандар Лейлек тарапка өтүшү үчүн Сохтун үстүнөн асман-көпүрө куруп берели, машинеңер да, элиңер да ошол көпүрөдөн өтө берет” деген сыяктуу фантастикалык сунуштарды да айтышкан. Биз ага макул болбодук, жөн гана ишенген жокпуз.

“Азаттык”: Кыргыз тарап анда өзбектерге конкреттүү кандай сунуш айткан?

- Биз аларга: “Силердин анклавдагы эл Өзбекстанга ээн-эркин өтүшү керек. Ал эми силердин аймакта камалып турган биздин жарым-жартылай анклав калыбындагы айылдарыбыздын эли бизге ээн каттаганга укук алышы керек”, - деп, ошондой келишимдин долбоорун сунуш кылганбыз. Өзбекстандык адистер муну туура сунуш экен деп макул көрүшкөн, бирок саясий жетекчилик ага каршы болду.

“Азаттык”: Эмне үчүн?

- Себеби Өзбекстандын чек ара маселелерин чечүүдө эң эле мээлеп турган марасы – Сохтун проблемасын Ташкен койгон талаптын негизинде гана чечиш. Биз ага макул боло албайбыз. Анткени аларга макул болсок, анда Сохтун төмөн жагындагы биздин кыргыз айылдар Өзбекстанга өтүп кетет. Анын үстүнө, 90 жылдан бери биз пайдаланып, биздин жер деп келген аймак аларга өтүп кетиши керек болот. Биз буга эч качан макул боло албайбыз, - деди Саламат Аламанов.

Милитаризацияга "жок"!

Кыргызстандык адистин пикирин Сохту бир топ жыл изилдеген британиялык окумуштуу да колдоду.

Маделин Ривз – социалдык-антрополог, Англияда Манчестер университетинин окутуучусу. Ал 2004-2005-жылдары бир нече ай Сохто жана Баткендин чек арасындагы айылдарда жашап, илимий изилдөөлөрүн өткөргөн. “Азаттыкка” сүйлөп жатып, ал “бул проблемада артка кылчая берген болбойт” дейт.

"Мен анчалык деле пессимист эмесмин. Мен эки өлкөнүн тең жетекчилигинде анклавдар маселесин чечүүгө саясий эрки жетиштүү деп ишенем, эки мамлекет тең өзүнүн аймактык бүтүндүгүн коргоого аракет кылат. Бирок “аймактык бүтүндүк” деп бул өлкөлөр Советтер союзу кулагандан кийинки эгемендик алган учурдагы абалын таанышы керек деген ойдомун, - дейт Ривз. - Анткени, эгерде жерди бөлүштүрүүдө алар эски карталарга, СССР алгач бул аймактын картасын чийген 1920-жылдарга кайта берсе, келечекте азыркыдан да чоң, азыркыдан да оор маселелерди жаратат. Анткени андан берки 90 жылдын ичинде жагдай өзгөрдү, талаштуу аймактагы калктын жайгашуусу, саны өстү. Фергана өрөөнүнүн айрым бөлүктөрүндө элдин саны ошондон бери 10 эсеге көбөйгөн. Сохтун түндүгүндө жаңы кыргыз айыл-кыштактары пайда болуп, эл отурукташышы үчүн жаңы каналдар курулууда. Ошондуктан 20-жылдардагы картага кайтып, Сохтун төмөнкү бөлүгүн (Бүргөндү массивин) Өзбекстандын негизги аймагына кошуп койсо, ал жерде ондогон жылдар бою мыйзамдуу түрдө өз мекенинде жашап келаткан кыргыз айылдары толугу менен Өзбекстанга өтүп кетет да, азыркыдан бетер оор проблемаларды, жаңжалдарды жаратышы ажеп эмес".

СССРдин Атласы, 1928-ж. Бул картада Сох анклав эмес, Өзбекстандын бир бөлүгү катары көрсөтүлгөн жана талаш ушунун айынан чыгууда. Сүрөттү Маделин Ривз тарткан.
СССРдин Атласы, 1928-ж. Бул картада Сох анклав эмес, Өзбекстандын бир бөлүгү катары көрсөтүлгөн жана талаш ушунун айынан чыгууда. Сүрөттү Маделин Ривз тарткан.
Маделин Ривз азыр деле Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосунда Сохтун айланасындагы аймакты делимитациялоо жана демаркациялоо иштери токтоп калбаганын, ал улантылып жатканын айтат. “Бирок машакаттын баары ушу менен эле токтойт деген туура эмес”, - дейт ал.

"Менин жеке оюмда, чек араны так чийип бүтүү, албетте, өзгөчө маанилүү иш. Бирок аны менен эле элдердин күнүмдүк турмушундагы проблемалар чечилип калбайт. Ал жерде суу, жер өңдүү ресурстарды бирге пайдалануунун шарттарын, чек арачылар менен жергиликтүү тургундардын мамилесин жөнгө салыш керек, - дейт окумуштуу. - Соңку чыр дал ошол чек арачылар менен жөнөкөй тургундардын ортосундагы конфликттен тутанганы да көп нерседен кабар берет. Ушундай эле окуя 2005-жылдын май айында да болгон. Бул аймакта аскер күчтөрүн көбөйтүп, милитаризациялоо аракети таптакыр натуура кадам болмок деп эсептейм. Анын ордуна бүтүн Фергана өрөөнүндө түрдүү улуттагы, коңшулаш мамлекеттердин жарандарынын ортосунда биргеликте тынчтыкта жашоонун жол-жобосун, эрежесин ойлонгон жакшы. Демек бул саясий эле эмес, экономикалык да көйгөй болуп турат".

Анын ишениминде, жергиликтүү эл кылымдар бою кантип бирге жашап, аймакта сууну, жерди, жайыттарды бөлүштүрүүнү урушпай-талашпай эле чечип келишкен. “Азыр эми мамлекеттердин ортосунда чек араны аныктоо ишинде жергиликтүү элдин кызыкчылыгын сактап калыш үчүн көп нерсени алардын өздөрүнөн сураш керек, аларды бул ишке аралаштырыш абзел”, - дейт Ривз айым.

Анын милитаризация боюнча пикирин колдогон тажикстандык саясат таануучу Негматулло Мирсаидов өрөөндөгү элдин көп кылымдык тарыхы бар экенине басым жасайт. “Кыргыздардан тажиктер, өзбектер мал алып, кыргыздар, тетирисинче, отурукташкан элдердин буюмдарынан колдонуп, бул аймакта бири-бирине тоскоолдук кылуу болгон эмес”, - дейт ал.

"Маселен, Баткенде жашаган эл өзүнө керектүү буюм-тайымдарды коңшулаш Тажикстандагы Исфара шаарынын базарларынан алып, буюмдарын ошол жерге алып барып өткөрүшкөн. Ал жердеги тажиктер болсо кыргыздар менен жүргүзүлгөн соодадан түшкөн кирешеге жашаган. Ал азырга чейин уланып келатат. Демек ортодогу мындай мамилени эч бузбаш керек. Тилекке каршы милиция жана башка күч органдары кээде жарандарга катуураак мамиле кылып, элди таарынтып алышат. Алар катардагы элдин күнүмдүк турмушуна көп кийлигишпей эле коюшса болмок", - дейт Мирсаидов.

"Саясий чечим"

“Азаттык” менен сүйлөшкөн эксперт-адистердин баары азыр Сохтун, дегеле, Фергана өрөөнүндө конфликттүү деп эсептелген анклавдардын проблемасы бул аймактагы мамлекеттердин саясий жетекчилигинин гана каалоосу, эрки менен чечиле турган маселе деген ойду айтышты.

Кыргызстандын чек арасын аныктоо үчүн коңшулаш мамлекеттер менен далай сүйлөшүүлөрдү өткөргөн Саламат Аламанов “азыр ушундан башка айла жок”, - дейт.

"Мамлекеттик жетекчилик бул боюнча олуттуу сүйлөшүүлөрдү башташы керек. Өкмөттүк делегациянын деңгээлинде бул маселе жылбай калды, себеби алардын милдет-укугуна кире турган иш эмес, бул – саясий маселе, - дейт С.Аламанов. - Демек саясий чечимди кабыл алганга конституциялык укугу бар бийлик гана чече алат. Мен мындан бөлөк жолду көрбөй турам".

“Саясий чечим” демекчи, биз менен маектешкен эксперт-аналитиктердин, окумуштуулардын ичинен бул ойду колдогондордун дагы бири азыр Вашингтондо жашаган өзбекстандык политолог Ташпулат Юлдашев:

"Эгерде Бишкек менен Ташкендин бул маселени чечүүдө саясий каалоосу болсо, Сохтун проблемасын ошол жердеги облус же райондун жетекчилиги да чечип алмак. Ал эмес, андагы элдин өзүнө койсо да, жолун таап алат. Миңдеген жылдар бою бул аймакта ынтымакта эле ийиндеш жашап келген эл акыркы 15-20 жылдын ичинде чырлашып жатып калышты, - дейт ал. - Өзбекстандын ичиндеги кыргыз анклавында да ушундай эле маселе: сууну өз алдынча ала албайт, жайыттарга малын айдай албайт. Ошон үчүн саясий эрк, саясий чечим гана керек. Калганы, маселен, чек ара каерден сызылыш керек деген өңдүү суроолор – техникалык гана нерсе".

Ташпулат Юлдашев азыркы абалдан тезирээк чыгууга, аймактын статусун эртерээк аныктаганга, эмнегедир, Ташкен анча кызыкдар эмес окшойт деген ой жаралып жатканын айтты. “Балким, Ташкен өзүнүн талабын гана аткартууга аракет кылып жатабы? Каалоо болсо эле жолун тапса болмок да”, - дейт өзбекстандык саясат таануучу Юлдашев.

Британиялык дагы бир окумуштуу Ник Мегоран - Англиядагы Нью-Касл университетинин окутуучусу, саясий география боюнча үлкөн адис. Ал учурунда Фергана өрөөнүндө жашаган жана Сохко бир канча ирет илимий иштер менен барган.

Мегоран Сохтогу проблеманы дүйнөнүн башка бурчтарындагы ушуга окшогон ири анклавдардын мисалында түшүндүрүп берди.

"Дүйнөдө анклавдардын жыш жайгашуусу боюнча үч жерди атаса болот. Биринчиси - Бангладеш менен Индиянын ортосундагы анклавдар, экинчиси - Бельгия менен Нидерландынын ортосундагы Барле поселогунда майда чачыранды анклавдар бар, үчүнчүсү болсо – Фергана өрөөнү, - дейт окумуштуу. - Эми аларды салыштыра келсек, Индия менен Бангладештин ортосундагы анклавдарда абал өтө оор. Бул согушка окшогон абал, эч кандай келишим жок. Барледе болсо жалпысынан 29дай анклав бар. Бул жерде эч кандай кыйынчылык жок. Белгияда жашагандар да, Нидерландыда жашагандар да эч кандай кыйынчылыксыз эле мектепке, жумушка, соодага ары-бери каттап жүрө беришет. Бул эки контрасттын маани-маңызы эмнеден кабар берет? Бул дегени – анклавдын маселеси эки тараптуу келишим, сүйлөшүүнү талап кылат дегенди түшүндүрөт".

Ошондуктан Мегоран Фергана өрөөнүндөгү анклавдардагы кырдаалды да эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү күчөтүү менен чечсе болот дейт. Ал эки жолду атады.

- Менимче, Сох проблемасы акыр аягында тынч эле жол менен чечилет. Бирок аны тез арада чечиш кыйын болот. Бул деле түшүнүктүү. Маселен, Канада менен АКШнын ортосундагы чек араны тактоо иши азырга чейин чечиле элек. Алар чек араны аныктоо ишин 200 жыл мурун эле баштаганына карабай, бүгүнкү күнгө чейин сүйлөшүүлөр улантылууда. Негизи эле дүйнөнүн кайсыл жери болбосун, картография, тарыхый жана башка көптөгөн факторлор боюнча өлкөлөр ортосунда мунаса табыш оңой иш эмес.

“Азаттык”: Сохтогудай жаңжалдардын алыш үчүн, кыргыздар менен өзбектер же тажиктер ортосунда Ворухтабы, Шахимардондобу, айтор, ушул анклавдарда жаңжалдарды болтурбоонун кандай жолдорун айта аласыз?

- Менимче, чек ара маселесин Фергана өрөөнүндө жаңжалсыз чечүүнүн эки жолу бар. Бул: өкмөттөр ортосунда чек араны бөлүштүрүү комиссияларынын ишин жакшыртуу жана өкмөттөр аралык сүйлөшүүлөр, экинчиси – ушул аймакты, анын элин жакшы түшүнгөн милиция, күч структураларынын мыкты, гумандуу иши. Чек арачыларбы, милициябы, айтор, күч органдары эки жактагы элди коркутуп, аларды жаңжалга козута турган эмес, аларга сылык мамиле менен тартипти, коопсуздук сактай турган милдетти аркалашы керек. Ушул эки жол менен эч кандай чырсыз эле өрөөндө анклавдар маселесин чечип, аймакта отурукташкан элдин тынч жашоосуна жетишсе болот", - деди Англиядагы Нью-Касл университетинин окутуучусу, саясий география боюнча адис Ник Мегоран.

Камактагы ишкер Рахмонго компромат согушун ачты

Москвада тажик активисттеринин тобу Куватовдун Бириккен Араб Эмираттарынан Тажикстанга экстрадицияланышына каршы нааразылык акциясын өткөрүшкөн. 25-декабрь, 2012-жыл.

Тажикстанда бийликтер президент Рахмондун режимине каршы оппозицияга өткөн мурдагы ишкерди Бириккен Араб Эмираттарынан экстрадициялоого аракеттенип жатышат. Умрали Куватов болсо президенттин кланына каршы компромат согушун баштады.

Тажик бийликтери өлкөдө расмий катталбаган – “Топ -24” оппозициячыл уюмунун лидери, ишкер Умарали Куватовду Бириккен Араб Эмираттарынан экстрадициялоого аракеттенишүүдө.

Мурда чоң ишкерлик менен алектенген Куватов президент Эмомали Рахмондун режимине каршы оппозицияга өткөнүн былтыр жайда жарыялаган.

Бириккен Араб Эмираттарынын дарегине өтүнүч кат жиберилгенин Тажикстандын башкы прокурору Шерход Салимзода ушул аптадагы басма сөз жыйында ырастады:

- Умарали Куватов бир катар кылмыш аракеттери үчүн айыпталууда. Анын үстүнөн Коррупцияга каршы күрөшүү боюнча агенттик тарабынан кылмыш иши ачылган. Андыктан Куватовду Тажикстанга экстрадициялоо боюнча өтүнүч Бириккен Араб Эмираттарына жөнөтүлдү.

Бирок тажик башкы прокурору Куватовго конкреттүү кандай айыптар коюлуп жатканын чечмелеген жок. Маалыматтарга караганда, Куватов мурда Ооганстанга күйүүчү май ташуу менен алектенген. Президент Рахмондун күйөө балдарынын бири менен тыгыз иштеген. Азербайжандын борбору Бакудан Дубайга барган жеринен былтыр 23-декабрда камакка алынган.

Саясий куугунтук жана компромат

Куватовдун кеңешчиси Николай Николаев “Азаттыктын” тажик кызматы менен маегинде тажик бийликтери анын сары изине чөп салып калышын оппозициячыл ишмердиги менен байланыштырды:

- Биз анын кармалышы оппозициячыл мнөздөгү ишмердигинен, өлкөдөгү бийликти кескин сынга алуусунан гана болду деп эсептейбиз. Экинчиси - ал үй-бүлөнүн мүчөлөрү, өзгөчө Рахмон мырзанын күйөө баласы Шамсулло менен ачык жаңжалга чыккан. Анын кармалышына мына ушул түрткү берди.

Николаев Куватов Дубайда кармалган кезинде анын жанында болгон.

Куватов менен президент Рахмондун күйөө баласы ортосундагы телефон сүйлөшүүлөр жазылган аудиотасманын бет ачарына коюлган сүрөт.
Куватов менен президент Рахмондун күйөө баласы ортосундагы телефон сүйлөшүүлөр жазылган аудиотасманын бет ачарына коюлган сүрөт.
“Азаттыктын” тажик кызматы менен маегинде ал интернеттеги YouTube сайтында ушул бейшемби күнкү жарыяланган аудиотасманы президенттин жакындары Куватовдон Ооганстанга май ташыган “Фароз” компаниясын тартып алгачкы далили катары сыпаттап, Куватовдун тобунда президенттин үй-бүлөсүнө каршы компромат материалдар али көптүгүн кошумчалады:

- Ооба, Рахмондун саясий үй-бүлөсү арасында жаңжал жаратуу үчүн жетиштүү. Тиги тарап түшүнүш керек. Биз жөн эле келжиреп жаткан жокпуз. Бизде Куватов мырзаны бизнесинен айрылтуу боюнча бүткүл каржылык системанын бетин ачкыдай жана ал Фароз компаниясында чынында ким болгонун көрсөткүдөй далилдер жетиштүү. Мындан сырткары Рахмондун үй-бүлөсүндөгү мамилелерди, күйөө баласы кайын атасын эмне деп атап жүрөрү, кандай мамиле жасары жана башка материалдарыбыз бар.

Интернетке жүктөлгөн алгачкы аудиотасмада президент Рахмондун кызы Рухшонанын жубайы Шамсулло Сохибов делген адам кайын атасынын жактыруусуз Тажикстанда эч нерсе ишке ашпасы, күйөө бала экенине карабай кээде министрлер да аны укпай койоруна даттанып жатат.

Николаевдин айтымында, аудиотасмалар Куватов Рахмондун кланы менен чатакташта баштагандан тарта жазылган.

"Жеңиш биз тарапта"

Дубайда камалуусу президент Эмомали Рахмондун бийлигине каршы ачык күрөшкө чыкканынын натыйжасы экендигин Умарали Куватов камактан коомчулукка жазган кайрылуусунда белгилеген.

Ал буга чейинки маектеринде тажик оппозициясы биригип жатканын, алдындагы президенттик шайлоону утурлай президент Рахмондун кызматтан кетүүсүн талап кылуусу керектигин айтып келген эле.

Былтыр августта “К+” телеканалына курган маегинде:

- Мен 90% жеңиш биз тарапта да ишенеми Анткени чындык биз тарапта. Биз мамлекет эмнени кааларын, кайсыл реформалар керектигин билген оппозициябыз. Экинчиден, биз Эмомали Рахмондун режими кандай экендигин, атаандаштарды кантип сүрүп чыгарарын билебиз. Оппозицияда Эмомали Рахмон жана анын үй-бүлөсүндөгүдөй акча жок. Ушундан улам демократиялык шайлоолор жөнүндө сөз кылууга жарабайт. Андыктан оппозициянын биринчи жана жалпы жана максаты – Эмомали Рахмондун отставкага кетүүсү болушу керек. Ошондо гана Тажикстанда кандайдыр бир шайлоо өтө алат.

Умрали Куватов “Топ-24” деген оппозициячыл топ түзгөнүн былтыр августта Тоолуу-Бадахшандагы кагылыштардан кийин Москвадан жарыялаган. Кыймылы алдыдагы президенттик шайлоого өз талапкерин чыгарарын билдирген.

Дүйшөмбүлүк саясат таануучу Абдугани Мамадазимов “Азаттык” менен маегинде эски совет аймагынын ар өлкөсүндө бизнестен саясатка өткөн адамдан каза келсе калбырды жеңил эле табууга болорун эске салып, расмий Дүйшөмбү Куватовдон чоң коркунучту көрбөсө да, ага ачууланып калганын белгиледи:

- “Топ-24" уюмунун жетекчисин Тажикстанга караганда сыртта көп билишет. Аны жаңы, системалык эмес оппозициянын өкүлү деп айтсак жарашат. Өзүнүн атын тажик аудиториясынан тышта, көбүнесе Москвадан сүйлөп чыгарды. Тажик коомуна анча белгисиз. Бүткүл оппозицияны бириктиргидей же жалпы улуттук саясатчы деңгээлине өсүп чыккыдай харизмасы деле көрүнбөйт. Андыктан азыркы саясий жетекчиликке коркунуч туудурбаса да, кыжырдануусун жаратты десек болот.

Саясатчы Мамадазимов кошумчалгандай, мыйзам боюнча келерки президенттик шайлоо быйыл ноябрда өтүшү керек. Тажикстанды 1992-жылдан бери башкарган президент Рахмон ага катышпай турганын ашырынча ишара кыла элек.

TeliaSonera Каримова менен сүйлөшкөнгө аракеттенген

Г.Каримова

Ушул аптада Швециядагы прокуратура жарыялаган документтер бул өлкөдөгү TeliaSonera телекоммуникациялык компаниясы менен Өзбекстанда президенттин кызы Гүлнара Каримованын ортосунда “байланыш болгон окшойт” деген өңдүү божомолду дагы күчөттү.

TeliaSonera чындап эле Гүлнара Каримовага Өзбекстанда иштегенге укук алыш үчүн 300 млн. доллар “шапка” берген беле?

Швеция, Финляндия жана Норвегия жарым жартылай ээлик кылышкан компания бул суроого “жок” деп жооп берип келатат.

Бирок Швецияда жана Швейцарияда жүрүп жаткан иликтөө иштеринин алкагында швециялык прокурорлор жарыялаган акыркы документтерде TeliaSonera чындап эле Каримова менен байланышка чыгуунун жолдорун активдүү издегени көрсөтүлгөн.

Маселен, документте компаниянын жетекчилери 2007-жылы бири-бирине жазган каттары анализге алынат да, “президенттин кызы Гүлнара Каримова менен байланышка чыгуунун түрдүү каналдары” жөнүндө айтылат.

“ТелиаСонерага” караштуу Fintur Holdings ишканасынын башчысы Серкан Елдер катында Өзбекстандын Телекоммуникация министри Ахмадулло Арипов менен көрүшкөнгө чейин Каримованын тобуна жолугуп, өзбек рыногунда ким менен иштешиш боюнча сүйлөшүп албасак, өзүбүзгө эле кыйын болот” деген сыяктуу эскертүү жазган.

Акыркы 10 жылдын ичинде Гүлнара Каримова бир топ дипломатиялык кызматтарда иштеди, 2007-жылы Өзбекстандын Тышкы иштер министрлигине кеңешчи да болду. Негизи, бул кызмат ага инвестициялык алакаларда чечүүчү же уруксат берүүчү катары иштегенге жол бербеши керек.

Бирок АКШнын дипломатиялык кат алмашуулары ачыкка чыгып калган документтерде “каракчы барон” катары сүрөттөлгөн президенттин кызы жергиликтүү жана чет өлкөлүк бизнестин эсебинен өз үй-бүлөсүнө акча жасаган адам катары сыпатталган. Гүлнаранын жеке мүлкү миллиардаган долларга бааланат дешет.

Елдердин катында “Каримовага таандык болушу мүмкүн” делген 13 ишкана тууралуу, анын ичинде, кийинчирээк Орусиянын MTS компаниясына сатылып кеткен Uzdunorbita жана башка бир топ телеком компаниялары, интернет провайдерлер, мунайды кайра иштетүүчү Фергана заводу, “Зеромакс” ишканасы, “Кредит Стандарт” банкы жана башка ишканалар аталган.

Бул катта TeliaSonera менен кызматташууда Каримованын кеңешчиси катары Бекзод Ахмедовду, “Уздинорбитанын” жетекчисин аташат.

Швеция прокуратурасынын Коррупцияга каршы күрөш бөлүмүнүн башчысы Гуннар Стетлер сотко сунуштаган бул каттар “TeliaSonera компаниясы Өзбекстанда иштеш үчүн Гүлнара Каримовага акча сунуш кылган” деген ойду бышыктайт.

Стетлер “Азаттыктын” өзбек редакциясына сүйлөп жатып, азыр алар TeliaSonera Өзбекстанда иштеш үчүн учурунда Каримовага жакын адамдын ортомчу Takilant ишканасына Coscom мобилдик операторун сатып алыш үчүн берген 230 млн.доллар акчасын конфискациялап алууну каалаганын айтты.

Өзбекстанда Орусиянын MTS компаниясы айланасында чыр чыкканда өлкөдөн качып кеткен “Коскомдун” башчысы Бекзод Ахмедовдун Женева банкындагы 600 млн. доллар акчасы убактылуу камакка алынган эле.

TeliaSonera азырга чейин бул иште эч кандай мыйзам бузууларга барбаганын айтып, ушул учурда жүрүп жаткан иликтөө иштери муну далилдейт деп кайталап келатат. Компания азыр коңшулаш Казакстандын чөнтөк телефон рыногуна инвестиция салууга өттү.

Өзбек жараны Кыргызстандан башпаанек сурады

Кыргызстандын акыйкатчысы Башкы прокуратурага кайрылып, үч айдан бери УКМКнын убактылуу кармоочу жайында отурган Өзбекстандын жаранына качкын макамын берүүнү өтүндү.

Өзбекстандын жараны Хабибулло Сулаймановго качкын макамын берүүгө өлкө акыйкатчысы Турсунбек Акун аттанып түштү.

- Сулайманов Өзбекстандын президенти Каримовдун бийлиги тарабынан куугунтукталып, азап тартып жүргөн адам. Эми аны биздин Башкы прокуратура өткөрүп бергени жатат. Аны мекенине кайтарчу болсок ал жакта өлтүрүп коюшат. Өткөрүп бербешибиз керек.

Хабибулло Сулайманов өткөн жылдын 7-октябрында УКМКнын кызматкерлери тарабынан кармалып, ошондон бери убактылуу кармоочу жайда отурат. Ал буга чейин БУУнун Качкындар боюнча жогорку комиссариатына, Кыргызстандын Жаштар жана жумуш менен камсыздоо министрлигине качкын макамын сурап кайрылган. Бирок өткөн жылдын декабрь айында Кыргызстандын Башкы прокуратурасы Өзбекстандын Башкы прокуратурасынын Сулаймановду өткөрүп берүү өтүнүчүн канааттандырган.

Акыйкатчынын талабына карабай Башкы прокуратура Хабибулла Сулайманов активист эмей эле, Өзбекстанда диний экстремисттик, сепаратисттик уюмдарга тиешеси бар мамлекеттер аралык издөөдөгү киши экенин айтууда. Сөз Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынын өкүлү Канатбек Султановдо:

- Сулайманов Өзбекстанда коомдук коопсуздукка жана коомдук тартипке каршы иш-аракеттерди жасаган. Ал конституциялык түзүлүшкө жана мамлекеттик коопсуздукка каршы аракеттери үчүн мамлекеттер аралык издөөдө болгон.

Сулаймановду мекенине кайтаруу боюнча прокуратуранын чечимине макул эместигин билдирип, өзбек жаранынын адвокаты Биринчи май райондук сотуна даттанган.

Кыргызстан Качкындар боюнча конвенцияга кол койгон өлкө. Конституцияда да Кыргызстан башка мамлекеттен качып келгендерге баш калка бере алат деген жобо бар. Укук коргоочу Азиза Абдирасулова эгерде Кыргызстан Хабибулла Сулаймановду Өзбекстанга кайтарып берчү болсо, эл аралык коомчулуктун сынына кабыларын белгиледи:

- 2005-жылы да Азимбек Бекназаров башкы прокурор болуп турганда беш кишини өз өлкөсүнө кайтарып берип коюп, дүйнөгө уят болуп, БУУнун адам укуктары боюнча комитети Кыргызстанды күнөөлөп чечим чыгарган. Сулаймановду да өткөрүп берип сынга кабылабыз. Себеби Өзбекстанда өлүм жазасы бар, кыйноолор көп. Демек биз аны үчүнчү өлкөгө өткөрүп берсек туура болот.

БУУнун Качкындар боюнча жогорку комиссариатынын үч айдан бери абакта жаткан өзбек качкыны менен жолугушууга мүмкүнчүлүк түзүү өтүнүчүн Башкы прокуратура канааттандырды. Эми Сулаймановдун адвокаты даттанган соттук инстанциялардан чечим чыкмайынча, ал Өзбекстанга кайтарылып берилбейт.

Уруш уруш менен, турмуш турмуш менен

Уруш уруш менен, турмуш турмуш менен
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:49 0:00

Түркмөнстан: сөз эркиндиги азырынча кагазда

Түркмөн гезиттери

"Чек арасыз кабарчылар" уюму Түркмөнстандын “Массалык маалымат каражаттары тууралуу” туңгуч мыйзамын азырынча "өлүк документ" катары мүнөздөөдө.

Аталган уюмдун пикиринде, түркмөн мыйзамы сөз эркиндигин жарыялап, цензурага тыюу салганына карабай, дүйнөнүн эң жабык жана репрессиячыл өлкөсүнүн биринде расмий саясат менен турмуш чындыгы ортосунда эбегейсиз ажырым бар.

“Массалык маалымат каражаттары тууралуу” мыйзамды түркмөн
парламенти - Межилис былтыр 22-декабрда кабыл алган. Президент Гурбангулы Бердымухаммедов да ага тез эле кол коюп, мыйзам 4-январдан тарта күчүнө кирди. Муну менен Түркмөнстан көз карандысыздыгынын тарыхында массалык маалымат каражаттарынын ишин жөнгө салуучу мыйзамга алгач ирет ээ болду.

Эми мыйзамдын жоболоруна ылайык, Түркмөнстанда да ММК коомдук кызыкчылыкка ээ маалыматты таратуусуна эч ким тыюу сала албайт. “Жарандар маалымат алуу жана издөө, ой-пикирин, ишенимин билдирүү үчүн ММКнын бардык формаларын колдонууга укуктуу”.

Мындан да маанилүүсү - “ММКны цензуралоого, алардын ишмердигине кийлигишүүгө, жеке же юридикалык жактар монополдоштуруп алышына жол берилбейт”.

Турмуш чындыгы

Анткен менен түркмөн мыйзамынын жоболорун талдаган “Чек арасыз кабарчылар” уюму ал турмуш чындыгынан абдан эле алыстыгын, ортодогу ажырымды жойгудай кадамдар жасала электигин айтууда.

Аталган уюмдун өкүлү Йохан Бир (Johann Bihr) “Азаттыктын” түркмөн кызматы менен маегинде буларды айтты:

- Кагазда бул мыйзам абдан жакшы. Бирок эң маанилүүсү, албетте, дүйнөнүн эң жабык жана репрессиячыл өлкөлөрүнүн бириндеги мыйзам менен турмуш чындыгы ортосундагы ажырымдын эбегейсиздиги. Андыктан аталган мыйзам өлкөдө нукура демократиялык реформалар жүрмөйүнчө эч нерсени өзгөртө албайт. Ал ишке ашуусу үчүн саясий системанын өзү толугу менен өзгөрүшү, соттор азыркыдан башкача иштеши керек. Ага катар коом коркутуулардан, өзүн-өзү цензуралоодон кутулушу абзел. Биздин тыянак боюнча бул мыйзам реалдуулукка айланыш үчүн абдан эле көп аракет зарыл. Ал жакынкы убактарда турмушка ашкыдай мүмкүнчүлүк жок.

Жаш түркмөн журналисттери
Жаш түркмөн журналисттери
Көз карандысыздык жылдары салт болуп калгандай, Түркмөнстанда маалымат каражаттарынын иши мамлекет тарабынан тикелей көзөмөлдөнүп, алар бийлик үгүтү үчүн кызмат кылышат. Расмий багыттан тайгандар жазаланат. Жалпы улуттук гезиттердин көпчүлүгүнө президент ээлик кылат. Өлкөдө жалгыз гана жеке менчик басылма бар.

“Ийгилик” (Rysgal) деп аталган экономикалык гезитти ишкерлер тобу чыгарып келүүдө. Бирок анда бийликтин дарегине сын айткан макалалар жарыяланбайт.

Москвада жашаган түркмөнстандык көз карандысыз журналист Батыр Мухаммедовдун пикиринде, түркмөн бийликтеринин ММКнын ишин эми мыйзам менен тескөө аракети кубаттоого арзыйт. Бирок алар муну тышкы коомдук пикир үчүн гана жасоодо:

- Бул экспорт үчүн, биз да башкаларга окшош экенибизди көргөзүү үчүн гана жасалды.

Мыйзам бар, механизм жок

Быйылтан тарта цензурага расмий тыюу салганга чейин былтыр январдан бери Түркмөнстан бир партиялуу системадан да баш тартып, өлкөдө ишкерлерден турган экинчи саясий партия да жаралган.

Бирок оппозициячыл партияга уруксат берилбегенин, шайлоолор мурдагыдай эле атаандашсыздык шартында өтүп жатканын эске салган байкоочулар, көп партиялуулук да кагаз жүзүндө гана жарыяланганын белгилешет.

Укук коргоочу, “Хельсинки Түркмөн корунун" жетекчиси Тажигүл Бегмедова:

- Түркмөнстан эл аралык уюмдардын мыйзамдарды өзгөртүү керек деген чакырыгын укканы жакшы. Бирок алар кагаз деңгээлинде эле калбашын каалар элек. Анткени ал мыйзамдар иштегидей механизмдер Түркмөнстанда азырынча жарала элек.

Огулсапар Мурадова
Огулсапар Мурадова
Эл аралык медиа уюмдар сөз эркиндиги боюнча жылдык индекстеринде Түркмөнстанды Түндүк Корея жана Эритерия өңдүү мамлекеттер менен катар эң акыркы үч орунда кармап келет.

Өлкөдө көз карандысыз иштөөгө аракеттенген журналисттер үчүн тобокелчилик абдан жогору. “Чек арасыз кабарчылар уюму” жазгандай, Сапардурды Хажиев, Аннакурбан Аманкылычев ысымдуу эки журналист чөлдүү жерде алты жылдан ашуун убакыттан бери абакта отурушат. Огулсапар Мурадова ысымдуу аял журналист 2006-жылы абакта каза тапкан.

“Азаттык” радиосунун түркмөн кызматынын кабарчысы Довлетмурат Язкулиев 2011-жылы жасалма айып негизинде беш жылга кесилип, кайра президенттин кечирими менен бошотулду.

Сох анклавы: кечээ, бүгүн, эртең

Сохтогу жаңжалдан кийин, 7-январь, 2013-жыл

Сох окуясы Баткенди эле эмес, бүтүн Кыргызстанды дүрбөлөңгө салды. Аны алдын алууга болот беле? Маселенин чечүүнүн кандай жолдору бар? Бийликке каяша кылбаган өзбекстандыктардын башка өлкөнүн чек арасын бузуп, жарандарын барымтага алуусунун артында эмне турат деген суроолор жаралууда?

Сох анклавындагы окуя Кыргызстандагы мамлекеттик бийликтин жана органдардын чабалдыгын, шалаакылыгын көрсөткөнүн талдоочулар белгилешүүдө.

Тийиштүү органдар биринчиден, мамлекеттик чек араны бузууга, экинчиден, жарандарды барымтага кармап кетүүгө жол берди. Ошондуктан Улуттук коопсуздук жана Чек ара кызматтарынын дарегине кескин сындар айтылууда. Бул кызматтарды жана жалпы эле өлкөнүн коопсуздук жана коргонуу тармагын көзөмөлдөгөн президент Алмазбек Атамбаевдин байкалбаганы да түрдүү ойлорду жаратууда.

Сох жаңжалынын чыгуусуна кыргыз чек арачыларынын беш алты электр мамысын талаштуу жерге орнотуусу себеп болгонун өзбек тарап билдирүүдө. Бирок маселе андан татаал, жөнөкөй чечиле турган нерсени чоң жаңжалга айлантууда Ташкендин кызыкчылыктары жатат деген ойлор да айтылууда. Маселен, бул кадам менен өзбек тарап өзү жасап жатканды башкага жасатпай турганын көрсөткөндөй.

Белгилүү болгондой, делимитациялоо аяктаган-аяктабаганына карабай Ташкен чек араны бойлото аңдарды казып, тикенек зымдарды тартып келатат. Акыркы мезгилде Кыргызстан да мына ошондой иштерди жасай баштаган. Сохтогу окуя Ташкендин андай кадамдарга реакциясы кандай болорун көрсөттү окшойт.

Албетте бул жерде геосаясий оюндар болуп, маселен Кыргызстан менен Орусиянын жакындашуусуна каршы турган күчтөр таасир этти деген ой жоруулар жок эмес. Бирок алар эч нерсе менен тастыктала элек.

Талдоочулардын баамында, Сох окуясынын негизги себептеринин катарында анклавды айлана жайгашкан кыргыз айылдарында калктын аздыгы, инфраструктуранын үзүл-кесилдиги да бар. Ошондуктан “Теке секирик” сыяктуу долбоорлорду жандандырып, Сохтун батыш тарабындагы 50 миң гектар келген Боз-Адыр талаасына суу чыгаруу менен калктуу пункттарды көбөйтүү, ошондой эле Бүргөндү массивин күчтөндүрүү, жолдорду салуу зарылдыгы белгиленип келатат.

Сынга алынган алгачкы кадамдар

Генерал Исмаил Исаковдун айтымында, Сохто мындай окуя 2010-жылы болгон. Келечекте мындай окуяларга кайрадан жол бербеш үчүн Чарбакта жана башка айылдарда чек ара бекеттерин күчөтүү, тартип коргоо органдарын бекемдөө сунушталган. Бирок ал ошол мезгилден бери аткарылган эмес.

Мурунку тышкы иштер министри Аликбек Жекшенкулов окуянын чыгышына жумушсуздук, бийликтин чабалдыгы себепкер болгонун атап, Сох маселесин чечүү бышып жетилди дейт:

- Менин оюмча, бул маселе чегине жетти. Бул маселе боюнча тез арада Ташкен менен ачык-айкын сүйлөшүш керек. Ал жакта да оюндар бар... Ташкендин бийлиги күчтүү, биздики алсыз. Чара көрбөсө, мындан ары бул маселе ырбап кетиши мүмкүн.

Аликбек Жекшенкулов борбордук бийликти кескин сынга алды:

- 4-январда миң киши чыкканда эле борбордук бийликтин өкүлдөрү барса болбойт беле? Ташкенге ошол эле мезгилде нота берилсе, Ташкен да ойлонмок да эмне үчүн ушундай болуп жатат, биз да өзүбүздүн чараларды көрөлү деп. Мындай чыр-чатак, кагылышуулар Кыргызстанга да, Өзбекстанга да кереги жок.

Дипломаттын айтымында, 2006-жылы кыргыз президентинин Ташкенге расмий сапары учурунда чек ара, анклавдар маселесин чечүү боюнча жылыштар болгон. Бирок андан кийин маселе ордунан козголбой кала берген.

Талкууланчу жолдор

Кыргызстан Тышкы иштер министрлиги Сох окуясы боюнча 9-январда маалымат таратып, анда өзбек жарандарынын кыргыз жарандарын барымтага алуусун кескин айыптаган.

Жогорку Кеңештин депутаты Ташболот Балтабаев анклавдар маселесин чечүүнү мамлекет башчысы колго алыш керек дейт:

- Менин оюмча, биринчи биздин президент демилгени колго алып, конкреттүү сунуштарды иштеп чыгып, элге жарыялап, парламентке жөнөтүп, аны коңшу президенттерге ачык кат катары жөнөтүш керек. Бул жабык болбош керек. Бул маселе 20 жылдан бери жабык болуп жүрүп, чирип бүттү. Эгерде кошуна мамлекеттер, өзгөчө Өзбекстан биздин президенттин демилгесине көңүл бурбай турган болсо, тоотпой койсо, ошол сунуштардын баарын БУУга, ШКУга, ЕККУга, ЖККУга жөнөтүш керек.

Балтабаев анклавдардын тагдырын чечүү боюнча эл аралык тажрыйбада төрт жол бар экенин атап, алардын ичинен эки жактын кызыкчылыгын камсыз кылган келишимди түзүү ылайыктуу экенин белгилейт.

Баткен облусунун мурунку губернатору Мамат Айбалаев кошуналардын кылык-жоругуна жараша жооп берүү керек, андай чечимдерди кабыл алуу үчүн жергиликтүү бийлик башчысы - губернатордун ыйгарым укуктары жетиштүү деп эсептейт.

Сох окуясынан кийин өкмөт коопсуздук жана тартип боюнча кеңешин өткөрдү. Окуянын келип чыгышын иликтөө үчүн тармактар аралык комиссия түзүүнү чечти. Ал комиссия күнөөлүүлөрдү тактап, абалдан чыгуунун жолун аныкташ керек.

Балтабаев: Анклав маселесин чечүүнүн алты жолу бар

Жогорку Кеңештин депутаты Ташболот Балтабаев Сох анклавындагы кырдаал тууралуу суроолорго жооп берди.

- Деги эле анклавдарга байланыштуу чек-ара маселеси чыкканда аны чечүүнүн жолдору барбы?

- Мен бул маселе дүйнөлүк тажрыйбада кантип чечилээрин карап көрдүм. Алты жолу бар экен. Биринчиси – эки жактын кызыкчылыгына жооп берген эрежени иштеп чыгуу келишими. Башкача айтканда, эки эл үчүн экономикалык-гуманитардык карым-катнашты камсыз кылуу. Экинчиси – анклавга ээлик кылган мамлекеттин территориясы менен бириктирүүчү коридор бөлүп берүү.

Мындай шартта анклавга кирип-чыгуу башка өлкөгө кирип-чыккандай тартипте жүргүзүлөт. Үчүнчүсү – эки мамлекеттин макулдашуусу менен анклавды алмашуу процесси. “Сен бул жерди ал, мага анклавды бер, чек араңды бекит, мен да бекитем” дегендей... Төртүнчүсү – ошол жерге ээлик кылган өлкө тарабынан анклавга кененирээк автономия берүү. Бешинчиси – анклавды узак мөөнөткө ижарага берүү же алуу. Алтынчы, эң коркунучтуу жолу – күч колдонуу менен анклавды тартып алуу, аны жоюу.

- Бизге кайсынысы туура келет дейсиз?

- Менимче, биринчи варианты туура. Же ал маселени чечүүнүн биринчи этабы катары каралса болот. Кыргызстан менен Өзбекстандын азыркы саясый-экономикалык, гуманитардык мамилесин жакшы деп атоого болбойт.

- Сиз сунуштап жаткан жол эмнеси менен ылайыктуу, чечмелеп бересизби?

- Башка жол жок. Эки жактын кызыкчылыгына жооп берген эреже иштеп чыгуу азыр эки мамлекет үчүн тең приоритеттүү. Эң биринчиден биздин президент демилгени колго алып, конкреттүү сунуштарды иштеп чыгып, элге жарыялап, парламентке жөнөтүп, аны кошуна мамлекетке ачык кат катары жолдошу зарыл. Жабык болбошу керек. Жыйырма жылдан бери жабык болуп келатып чирип бүттү бул маселе. Эгерде кошуна мамлекеттер, айрыкча Өзбекстан биздин президенттин демилгесине, сунушуна көңүл бурбай турган болсо, тоготпосо, ошол сунуштардын баарын БУУга, ЕККУга, ЖККУга жана ШКУга жөнөтүш керек.

- Соңку окуя чек арада жашаган элдин коопсуздугу өтө талылуу маселе экенин көрсөттү. Отуздай жараныбызды, аял, балдары менен кошо алып кетип, бир сутка барымтада кармап жатышты, эркектерин уруп-сабап коё беришти. Эли ушинтип кор болбошу үчүн мамлекет кандай шарт түзүп берсе туура? Колуна курал бериппи же зым менен баарын тосуп алыппы?

- Жок. Курал берип, тосуп алып дегендей жол дүйнөлүк практикада жок. Биз кошуналык-ашыналык мамиле болушуна шарт түзүп беришибиз керек. Эки мамлекеттин бийлиги ушуну жасашы зарыл. Жакында мен жергиликтүү аксакалдардын биринин “Биз миңдеген жылдар бою кошуна-ашына болуп жашап келгенбиз. Төрт хулигандын артынан ээрчип эки эл согушуш керекпи? Эки эл курал менен эки окопто жатыш керекпи?” деген сөзүн угуп калдым... Жок, антип маселе дүйнөдө да чечилген эмес, бизде да чечилбейт. Башка эрежелерди иштеп чыгып кабыл алышыбыз шарт. Ким аны буза турган болсо, чагымчыларды, туура эмес иш жүргүзгөндөрдү мыйзам чегинде жазалоо керек.

Анклавдар маселесин кантип жөнгө салабыз?

Анклавдар тегерегиндеги конуштардын коопсуздугун кантип камсыз кылуу керек?

“Арай көз чарайда” анклавдар темасы талкууланды. Талкуунун катышуучулары: Баткен облусунун мурдагы губернатору Мамат Айбалаев, Транспорт жана байланыш министрлигинин алдындагы инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу тобунун директору Кубанычбек Мамаев, Баткенден тарых изилдөөчүсү Гыламидин Абдрахманов.

Мамат Айбалаев: Мен губернатор болуп турганымда чек ара маселесине өзгөчө көңүл бурчубуз. Ошол жердеги элдин менталитетин билиш керек. Баткен – бул коопсуздук жактан алганда эң маанилүү дубан. Чек ара боюнча жаңжалдарды болтурбоодогу орчундуу маселе – кадрдык саясат.

Анклавдардын тегерегиндеги кыргызстандык айылдарга, чек арадагы жашоочуларга курал берүүнү колдойм. Мен бул боюнча убагында сунуш киргизгем, бирок болбой коюшкан.

Ар бир айылда мергенчилер бар. Ал мергенчилерди расмий түрдө жумушка алып, курал бериш керек. Албетте баарына берилбейт, кылмышкерлерге берилбейт, өзүнүн эрежелери болот.

Ага кошумча адекваттуу чараларды колдонгом. Эгерде Исфара районунда бир кыргызстандык камалса, мен “экөөнү камайсыңар” деп буйрук берчүмүн, ачык эле айтайын.

Талкууну толугу менен бул жерден угуңуз:



“Азаттык”: Бул чек арадагы кырдаалды ырбатып жибербейби?

Мамат Айбалаев: Жок, эч качан. Кырдаалды адатта 3-4 киши курчутат. Ошол бузукуларга катуу чаралар көрүлүш керек.

Угарман: Чек ара кызматында былгып жаткан коррупция бар. Жоокерлердин абалы өтө төмөн. Айрым структуралар түштүккө көчүш керек эле: Коргоо министрлиги, Чек ара, Өзгөчө кырдаалдар министрлиги. Бирок андай болмок турсун, чек ара быйыл кайра көчүп кетти.

Гыламидин Абдрахманов: Абал чындап эле өтө оор. Сөзсүз түрдө эле бир окуя болуп кеткенге чейин күтпөш керек. Атайын ырбатыш үчүн жасалган аракеттер да болушу ыктымал. Байкап туруш керек да. Кадр маселеси боюнча, чек ара маселелери бар, облустун жетекчилигине сөзсүз ошол элди-жерди билген гана адам коюлушу керек. Негизгиси жергиликтүү жана борбордук бийлик чек ара маселесинде боштук кылып жатышат.

Кубанычбек Мамаев: Чек ара чырларын чечүүдө жол чоң ролду ойнойт. Траспортту каттам үзгүлтүксүз болушу камсыздалышы керек. Мына Сох курулду, Айгүл Таш-Согменттин ортосундагы жол каралаган, Согменттен Чарбакка өтүп, Чарбактан Таян жакка өтө турган. Сохту айланып өткөн жол бүттү. Калгандарды “проектный отметкага” жеткирүү калды.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG