Линктер

жекшемби, 21-июль, 2019 Бишкек убактысы 16:12

Борбор Азия

Сох анклавы: жолдор жабык турат

Чарбак айылы

Өзбекстандын Сох анклавы менен чектеш Чарбак айылында чек ара тозотуна электр чубалгысын тартуу маселесинен чыккан жаңжалдан кийин Сох анклавынын айланасындагы жолдордун баары жабык турат.

Жергиликтүү бийлик абалды жөнгө салуу, андан аркы аракеттер тууралуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, барымтадагылар толугу менен бошотулган. Алардын бир тобу ур-тепкиге алынгандыктан ооруканада жатышат.

please wait

No media source currently available

0:00 0:03:40 0:00
Түз линк

Баткендин Чарбак айылына кыргыз тарап чек ара тозотуна 5-январда электр мамыларын орното баштаганда тутанган жаңжал Чарбак айылы менен Өзбекстандын Хушяр айыл ортосунда нааразылыктарды жаратты. Анткени бир топ киши барымтага алынып, айыл электр жарыгысыз калды. Жума күнү кечке жуук барымтадан бошотулган кишилердин сегизи ооруканада жатат.

Бул окуялардан кийин азыр аймакта абал негизинен турукташып калды. Бирок кээ бир чек аралаш аймактарда 100-150дөн кишилер топтошуп, абалга байкоо салып, жолугууга барган жергиликтүү бийликке тез арада чечүү зарыл маселелерин айтышууда.

Облус губернаторунун коргонуу маселелери боюнча орун басары Саитжан Эратов аймакта абал тынч экенин, бирок маселелер толтура экенин айтты:

- Аймакта абал тынч, бийликтин көзөмөлүндө. Анча-мынча эл топтолуп, социалдык маселелерин айтып жатышат, аларды чечип беришибиз керек.

Өзбекстандын чек ара кызматы 5-январда болгон тополоңдо 5 өзбек жаранга ок тийгенин айтып чыккан. Шаршембиде “Азаттыктын” өзбек кызматы Сохто жашагандар менен байланышып, 26 жаштагы Шакаржон Абдуватаев оор абалда райондук оорукананын реанимация бөлүмүндө, дагы 3 жараат алган киши хирургия бөлүмүндө дарыланып жатканын маалымдайт.

“Азаттыктын” өзбек редакциясына Сохто жашаган тургун чалып, Фергана облус губернатору Шухрат Ганиев Сохтон чыга албай калганын, өткөрмө бекеттер жабык тургандыгын айтты:

- Эки тараптын тең посттору жабылган. Кыргыз тараптын да, биздин да машинелер өтпөй турат. Айрым сөздөргө караганда, Бүргөндү деген айылда кыргыз калкы чыккан, тополоң чыгарып, бир топ машинелерди сындырган. Мага караштуу машине да бузулган.


Миң жылдык ынтымак

Чарбак айылынын айланасындагы бир топ айылдардан келген тургундар абалды мындан ары жөнгөрүү, абалды кайра калыбына келтирүү маселелерин талкуулашты. Алар жергиликтүү бийликке өз сунуштарын да айтып жатышты. Дара аймагынан келген жашы 80ден ашкан Маматали аксакал кошуналардын абийирдүү аксакалдары менен жолугуп, маселени талкууга алалы деген сунушун айтат.

- Мени менен кошо ушул Чарбак айылындагы абалды билүү үчүн айылдардан аксакалдар келдик. Биз Сохтун аксакалдары менен отуруп сүйлөшөлү. Себеби биз буга чейин миңдеген жылдар бою катташып, бир болуп келгенбиз. Базарыбыз бир. Ислам Каримов айткандай, мазарыбыз бир болуп келген. Анан ушул 4 бузуку кишинин айынан эл согушуп калабы? Талкуулайлычы.

​Учурда Чарбак айылындагы жаңжалдан кийин Сох анклавына кирген-чыккан жолдордун баары жабык турат. Сох анклавындагы 60 миңдей калк Өзбекстандын негизги бөлүгү менен байланышы жок турат. Чарбактык Жолдош Айткозуев маселелерди чечмейинче жолдор ачылбай турганы эле оң деген пикирин айтат.

- Азырынча Өзбекстан менен маселелерибизди чечип алганга чейин Сохтун жолдорун ачпашыбыз керек. Ошондо алар биз менен сүйлөшүүгө, макулдашууга келет.

Губернатордун орун басары Саитжан Эратов өзбек тарап келтирилген чыгымдардын баарын калыбына келтирип, маселе жөнгөрүлмөйүн жолдор ачылбай турганын айтып, эми мындан ары башкача тартип орной турганын билдирди.

- Сохтун жолу качан алар бизге чыгымдардын баарын калыбына келтирип бергенден кийин сүйлөшүлөт. Анда ача турган болсок эл аралык макамы бар Кызыл-Кыя шаарынын жанындагы бекетибизди ачабыз. Ошол мыйзамга туура келет. Ага чейин ачылбашы керек.

Учурда Өзбекстан менен абалды талкуулап, чек арадагы каттамдарды калыбына келтирип, кечээки окуялардын натыйжасы менен ким кимге төлөм төлөп, ким кантип жоопкерчиликке тартыла турганын талкуулоо үчүн Кыргызстандын чек ара жетекчилери өзбекстандык кесиптештери менен жолугушууларды өткөрүүдө. Анын жыйынтыгы мындан ары чек арадагы тартип кандай болоорун көрсөтөт.
"Азаттыктын" архивинен: Чарбактагы кырдаал, 08.01.2013

Чарбак жаңжалынын себептери иликтенүүдө

Сох анклавына чектеш Чарбак айылы, Баткен. 7-январь, 2013.

Кыргыз-өзбек чек арасындагы жаңжалдын чыгуу себептери иликтене баштады.

Кыргыз өкмөтү түзгөн комиссия Чарбак чек ара тозотуна зым карагайды талаштуу тилке менен өткөрүү чечимин ким, кандайча кабыл алганын тактап жатат.

Буга чейин Кыргызстандын Коргоо кеңеши кыргыз-өзбек айылдарындагы чек ара жаңжалы мамыларды орнотууда тараптардын өз ара макулдашпаганынан улам тутанганын кабарлаган.

Дегеле Сох анклавынын колтугундагы Чарбак айылынын таржымалы, бул тилкенин стратегиялык мааниси кандай?

Чарбак - Баткен районуна караштуу Кыштут айыл өкмөтүнө кирген алты айылдын бири. Райондун мурунку акими Хаит Айкыновдун “Азаттыкка” маалымдашынча, анда 300дөй эл адам жашайт: элдин саны жагынан айыл өкмөттөгү эң кичинекей кыштак болуп эсептелет. Кошуна Чарбак-Хушаяр кыргыз-өзбек айылдарында буга чейин жайыт, суу талаш, өзбек чек арачылардын мамилелеринен улам чатак чыгып жүргөн:

- Айылдын түштүк жагынан тоо кыркалары, калган тараптарынын баары Өзбекстан менен чектешкен. Анда бир башталгыч мектеп ашар менен курулган. Шартка жараша айрым класстар толбосо да орто мектеп бар. 2010-жылдары мен иштеп жүргөндө тополоң болуп, анда жайыт маселеси көтөрүлгөн эле. Ошондо биздин өкмөт, чек ара кызматы Кыштут айылында такталган 10 чакырым жерди тикенек зым менен тосууну пландаштырган.

Кыштут айыл өкмөтүнүн тургуну Айдаралы Сапаров Сохтун жака белиндеги Сайдан башка беш айылга анклавга кирбей эле каттаса болоорун, бирок кышында кыйналып калышарын кеп салып берди:

- Биздин айылдарга Сох анклавы менен өтөт. Себеби Сох тегиз жерде, а биздики тоого чыгып кетет. “Акаев жолу” деп Акаевдин тушунда тоо аркылуу курулган жол бар. Ошол аркылуу да барса болот. Бирок ал берки Сай айылына өтпөйт. Таян аркылуу Сайга өтө турган жол бийик болуп, Өзбекстандын чек арасы менен чектешип, колот болуп калат. Сайга өтүш үчүн туннель куруу керек. Ал эми калган айылдарга Сохсуз өтсө болот. Бирок жол бийик тоодо болгондуктан кышында катаал болуп калат.

Кыргызстандын Коргоо кеңеши жаңжал мамлекеттик чек аранын так эместигинен жана электр зымын тартып келүү үчүн мамыларды орнотууда тараптардын өз ара макулдашылбаган аракетинен улам тутанганын маалымдаган.

Чек ара кызматынын штаб башчысы Искендер Мамбеталиев айрым мамылар чынында эле талаштуу тилкеге тургузулуп калганын, бирок кыргыз тарап аны жылдырганы жатканын “Азаттыкка” айтып берди:

- Мамыларды орнотуп жаткан ишкана алты эле мамыны туура эмес орнотуп алыптыр. Аны эки метр бери жылдырып, кайра эки-үч саатта эле алып коймок болчу. Ал мамылар алынганы жаткан. Бирок ага карабай Өзбекстандын жарандары башаламандык кылып, талкалап, мамыларды сууруп алып, биздин чек арачыны сабап, куралын алууга аракет кылышкан. Айылдын ичиндеги мурда колдонуп жүргөн мамыларды да талкалап кетишпедиби.

Өзбекстандын Хушаяр айылынын тургундары Кыргызстан Чарбак чек ара тозотун орнотконго чейин кыргыз айылын ээн-эркин аралап, жайытка малын жайып, суусун пайдаланып жүрчү экен.

Искендер Мамбеталиев жаңжалдын башкы себеби ушул болгондугун билдирди:

- Чек ара тозоту орнотулгандан кийин өзбек жарандарына сөзсүз режимдик чектөөлөр болот да. Анткени азыркыга чейин алар ээн-эркин биздин жайыттарга чыгып, биздин сууну пайдаланып, биздин жол менен жүрчү. Эң чоң маселе - биздин жарандардын жайыттарын пайдаланчу. Эми алар ал жерде кыргыз чек арачылары көбөйүп жатканын көрүп жатат. Жактырбаганын түпкү себеби ушул болуп атат.

Азыр кыргыз өкмөтүнүн комиссиясы чек арадагы жаңжалдын чыгуу себептери иликтей баштады.

Баткендеги өкмөттүн өкүлүнүн орун басары Саитжан Эратовдун “Азаттыкка” маалымдашынча, электр мамыларын талаштуу тилкеге орнотууга ким кандайча уруксат бергени учурда такталып жатат:

- Электр мамылары коюлуп жатканын мен ушул жерге келип билип атам. Өз убагында бул тууралуу облус бийлигине жакшы маалымат беришкен эмес. Буга иликтөөнүн жыйынтыгында баа берилет.

Ал арада жергиликтүү талдоочулар чек арадагы аймактарда кандайдыр бир иш-аракеттерди жургүзүүдө астейдил мамиле керектигин белгилешүүдө.

“Эл аралык толеранттуулук үчүн” коомдук фонддун Баткендеги өкүлү Роберт Абазбеков Чарбак боюнча талдап-иликтеген иштер жетишсиз болгон деп эсептейт:

- Биз “жаңжалга карата сезимталдык”, деп коёбуз го, ошону эске алышыбыз керек. Бир иш-аракетти жасайбыз деп, башка нерсеге зыян келтирип албашыбыз керек. Чарбакка зым тартабыз деп чоң жаңжал чыкты.


Кыргыз өкмөтү Чарбактагы чек ара тилкелери эки тараптын макулдашуусу менен толук такталганын маалымдаган. Аймактагы чек ара тозоту былтыр жыл этегинде, премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев барганда расмий түрдө ачылган болчу.

Чек ара чатактары канткенде жөнгө салынат?

Сох анклавына чектеш Чарбак айылы, Баткен. 7-январь, 2013.

Кыргыз-өзбек чек арасындагы акыркы окуялардын кесепеттерин “Азаттык” “Арай көз чарай” талкуулады.

Кыргыз-өзбек чек арасындагы Сох анклавынын аймагына таандык Хушяр айылы менен кошуна жашаган Баткен районун Чарбак айылынын эли ортосунда 5-январда чыр чыгып, ал үч күндөн кийин тынчыды. Бул аралыкта отуздай кыргыз жаранын хушярлыктар барымтага алып, чек ара жабылды, кылмыш иши козголду. Чырга чек арага коюлган тозотко электр чубалгысынын орнотулушу себеп болгондугу айтылууда.

Чек арадагы бул жаңжалдын кесепеттери кандай болот, дегеле кыргыз-өзбек чек арасындагы талаш-тартыштарды кантип жөнгө салуу керек деген өңдүү маселелер бул жолку талкуунун өзөгүн түздү. Ага Жогорку Кеңештин Коопсуздук жана Коргонуу комитетинин төрагасы, “Ар намыс” фракциясынан депутат Токон Мамытов жана Жогорку Кеңештеги "Республика" фракциясынын депутаты Назарали Арипов катышты.



please wait

No media source currently available

0:00 0:22:10 0:00
Түз линк



“Азаттык”: Өзбекстандын мамлекеттик маалымат каражаттары Кыргызстан чек арачыларына доомат артып жатышат. Келишимди этибар албай өзүм билемдик кылышкан деп билдиришти. Андан сырткары “Махалля” аттуу сайт кыргыздар Сохко тартылган газ куурун кесип салып, өзбек жарандары отунсуз калган деп жазды – бул тууралу маалыматыңар барбы?

Назарали Арипов: Бул окуя чек ара чатактарынын башталышы деп ойлоп атам. Ушу жыйырма жыл бою чек ара маселеси оор болуп келатат. Мына Казакстан жана Кытай менен чек араны чектеп алдык. Өзбекстан болсо Сох менен Шахимардандан башкасынын баарын булар бир тараптуу казып, зымдарын тартып алышкан. Мына эми караңыздар, Чарбак айылына каратып туруп басып кирип эле адамдарды алып чыгып кеткени Кыргызстанга кол салгандай эле болуп атат. Бул өтө туура эмес деп ойлойм. Өкмөт азыр иштеп атат, президент кайрылды. Өкмөт катуу иштеши керек. Азыр чек ара боюнча өкмөттө болгону бир бөлүм иштейт. Мен жакында вице-премьердин деңгээлинде иштетпесек чек ара маселеси бизде өтө оор болуп атат. Күнүгө иштеш керек. Кайра-кайра айткан менен болбой атат. Катуураак иштеш керек.

Өзбекстандын газ куурларын кесип кетип атат деген да туура эмес. Эмне үчүн бир күн мурда Кыргызстандын бир жаранын атып кетип атат (Кара-Суудагы окуя эске алынууда – ред.) , эртеси күнү эч кимге карабай туруп Кыргызстанга басып кирип атат? Бул туура эмес деп ойлойм.

Токон Мамытов: Албетте, кыргыз-өзбек чек арасында, Сох анклавында абал курчугандан баштап эле биз, депутаттар күч түзүмдөрүнүн өкүлдөрү, жергиликтүү бийлик менен тыгыз байланышта болуп атабыз. Мен өзүм чек ара кызматынын төрагасы менен бир нече жолу телефон аркылуу байланыштым. А киши да ушу маселе боюнча Баткенге кетиптир.

Бул ишке аябай иликтөө жүргүзүшүбүз керек. Мына прокуратура иш козгоптур. Булар кылмыш ишин иликтеп аягына чыгышы керек. А биз болсо премьер-министр менен өкмөттүк комиссия уюштуруп, ушуга чейин эмне болгон, 5-январда эмне болгон, андан кийин эмне болгонун баарын талдап, баалап чыгышыбыз керек. Анын жыйынтыгын президентке, парламентке сунушташыбыз керек.

Анан Өзбекстан тараптын дооматын да эске алып, текшеришибиз керек. Себеби, Өзбекстандын чек ара аскер кызматынын интернет сайт, маалымат каражаттары аркылуу таратылган расмий маалыматында ушу ызы-чууну баштаган Кыргыз Республикасынын чек ара аскери деп, күнөөнү биротоло оодарып, чек арачыларды күнөөлөп атат. Мейли, ошондой болуп чек арачыларды биз кошулуп күнөөлөгөн учурда дагы алар да жооп бериши керек.

Өкмөт, Тышкы иштер министрлиги сурашы керек: эмне себептен бөлөк мамлекеттин Чарбак айылына силердин эл кирип келишип, айрым адамдарды барымтага алып кетишет? Эмне себептен анклавдан өтүп бараткан жүк ташуучу машиналарды, жеңил машиналарды, микроавтобустарды айдоочуларды жүргүнчүлөрү менен чогуу токтотуп, барымтага алат? Ким андай укук берди? Биз аны талап кылышыбыз керек. Өзбекстан тарабы да мыйзамды бузгандардын, барымтага алгандардын бардыгына иш козгоп, анан көргөн чаралар боюнча бизге маалымат берип коюшу керек.

Барымтадан чыккан 7 киши ооруканага жатты

Барымтадан чыккан 7 киши ооруканага жатты
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:51 0:00

Мамбеталиев: өзбек жарандарына ок атылган эмес

Чарбак айылы, Баткен. 7-январь, 2013.

Кыргызстандын Чек ара кызматынын штаб башчысы Искендер Мамбеталиев Сох анклавындагы соңку окуя тууралуу суроолорго жооп берди.

“Азаттык”: Окуянын чыгышына эмне түрткү болду?

Мамбеталиев: Биринчиден, Өзбекстан менен Кыргызстандын ортосунда чек ара тилкеси толук аныкталган эмес. Ошол негизги себеп болуп жатат. Экинчиден, биз Чарбакка жаңы чек ара тозотун жайгаштырдык. Биз чек арачыларга шарт түзүп бергенге аракет кылып жатабыз. Чек ара кызматынын тозоту орнотулгандан кийин анын өз тартиби, Өзбекстандын жарандарына карата киргизилген чектөөлөрү болот.

Анткени алар ушул күнгө чейин эркин жүрүп, биздин жайыттарга чыгып, сууларды пайдаланып, биздин жолдор менен жүрүп келишкен. Анан алар деле чек арачылардын пайда болуп жатканын, алардын саны көбөйүп жатканын көрүп жатышат. Биз да чек арачыларга таандык аракеттерди көрүп жатабыз. Ошондуктан окуянын түпкү себеп себеби бизди - чек арачыларды жактырбагандыктан улам болуп жатат.

“Азаттык”: Окуянын чыгышына Кыргызстандын электр мамыларын туура эмес жерлерге, такталбаган чек ара тилкесине орнотуп койгону себеп болду деп айтылып жатат. Бул канчалык туура?

Мамбеталиев: Электр зымдарын тартып жаткан курулуш ишканасы алты эле электр мамысын туура эмес коюп алыптыр. Аларды эки-үч сааттын ичинде эле алып, эки метрге башка жакка жылдырып коюшмак. Ошентип бул электр мамылары алынганы жаткан. Бирок ага жетпей өзбек жарандары башаламандык жасашып, талкалап, мамыларды сууруп, биздин жарандарды, чек арачыны сабап, куралдарын тартып алууга аракет кылышкан. Айылдын ичиндеги мурдатан эле пайдаланып жүргөн электр мамыларын да талкалап кетишкен.

“Азаттык”: Барымтадан чыккандардын ден соолугу кандай?

Мамбеталиев: Биринчи текшерүүнүн жыйынтыгына караганда, биздин жарандардын денесинде уруп-согуунун издери калыптыр. Кечкурун бошотулган 16 адамдын ичинен 13 адамдын денесинде ошондойлор бар, үч балага тийбептир. Бул ишти биз райондук милицияга тапшырдык. Алар да изилдеп, толук маалымат беришет. Ал эми таңга маал бошотулган аялдарга жана балдарга, жалпысынан 14 адам, эч кимдин колу тийген эмес.

“Азаттык”: Бүгүн Өзбекстандын чек ара кызматы маалымат таратты. Анда Өзбекстандын 5 жараны октон жараат алганы айтылат. Бул боюнча сиздерде кандай маалыматтар бар?

Мамбеталиев: Чынын айтканда, чогулган элдин биздин чек арачылардын куралын алалы деген аракети болуп, бир чек арачы сержантка кол салынып, ал токмок жеген. Ошентип барымтага алуу аракети болгондо биздин чек арачылар асманга ок аткан. Өзбекстандын чек арачылары 6-январдан тарта бизге үч адам ок тийип, жарадар болгонун айтып жатышкан болчу. Анан азыр беш адам деген маалымат кайдан чыкканын мен билбейт экем. Биздин чек арачылар асманга гана элди токтотуу үчүн атканын билдирип жатышат.

Азыркы учурда окуя боюнча Баткен облусунун жетекчиси менен Фергана облусунун губернатору сүйлөшүп жатат. Алар менен кошо эки өлкөнүн чек ара кызматынын башчылары жүрөт.

Башында айткандай, бул окуяда негизги маселе электр мамысы эмес. Окуянын негизги себеби, бул жерге чек арачылардын келип, чек араны кайтарып баштаганы болууда. Анткени чек арачылар келгенден кийин ары-бери өтүүнүн тартиби өзгөрүп, өзбек жарандарынын басып-жүрүүсү чектелет. Алар ошого көнө албай жатышат.

“Азаттык”: Башка бир маалыматтарда “кыргызстандыктар дагы өзбек жарандарын барымтага алган экен. Ал эми бүгүн болсо эки тарап барымтадагыларды алмашыптыр” деген да сөздөр чыкты?

Мамбеталиев: Жок. Кыргызстандын жарандары өзбекстандыктарды барымтага алган эмес. Түндө Баткен шаарынан милиция кызматкерлери алты аялды кармашкан. Алардын ким экендигин сураганда Сохтун жарандарыбыз деп айтышкан. Алардын коопсуздугунан чочулап, түндө бул жарандарды өзбек тарапка өткөрүп бергенбиз. Анткени бизде маселе курч болуп, эл да толкунданып турган.

Мамбеталиев: өзбек жарандарына ок атылган эмес
please wait

No media source currently available

0:00 0:04:29 0:00

Чарбактагы соңку кырдаал

Ормон уулу: Фергана өрөөнүндө этияттык зарыл

Кыргыз-өзбек чек арасында соңку күндөрү түзүлгөн кырдаал өтө эле кооптуу. Мындай пикирин "Азаттыкка" Искендер Ормон уулу билдирди.

- Өзбек тараптын кыргызстандыктарды барымтага алуу себеби канчалык жүйөлүү?

- Анын себебин азыр так айтуу кыйын. Анткени маалымат өтө аз. Акыркы окуялар көрсөткөндөй, чек ара маселеси өтө эле кооптуу болууда. Окуяны тергөө жергиликтүү органдар арасында эмес, мамлекет аралык комиссиянын коштоосунда жүргүзүлүүсү абзел. Анын жыйынтыгын элге көрсөтүш керек. Себеби буга чейин иликтөө комиссиялары түзүлгөнү айтылып, ошол бойдон кала берген учурлар бар. Канча деген жарандарыбыз, жада калса чек арачыларыбыз окко учкан учурлар болду.

- Эмне себептен аягына чыкпай калып жатат ал иликтөөлөр?

- Биринчиден, жергиликтүү тергөө бригадасынын деңгээлинде эле калып жатканы себеп болушу мүмкүн. Экинчиден, эл аралык саясаттагы окуяларга да байланышы бар ыктымал.

Кабарларда айтылып жатпайбы, биринчи күнү эл кайтып кеткени, кийинки күнү кайра топ болуп чогулуп келгени... Белгилүү болгондой, анклавдагы адамдар эч убакта жогору жактан же коштоочу күч болбосо кайра жанагыдай болуп чогулбайт. Бул окуяны эл аралык саясат өңүтүндө, тагыраак айтканда Камбар-Атага, кыргыз-орус мамилелерине, Өзбекстандын ЖККУ менен байланышынын үзгүлтүккө учурашы жана АКШ менен мамилеси чыңдалганына байланыштуу карап талдоо да зарыл.

- Азыркы кырдаал канчалык кооптуу? Себеби жакынкы эле күндөрү Ош облусунда өзбек чек арачылары кыргызстандык жаранды атып салды... Чыңалууга алып келбейби?

- Абал өтө эле кооптуу. Чыңалууга сөзсүз алып келиши мүмкүн. Дүйнөлүк тарых көрсөткөндөй, бир эле адамдын өлүмүнөн дүйнөлүк согуштар чыккан. Өзгөчө көп улуттун эли жашаган Фергана өрөөнүндө этияттык керек. Өлкөлөр ортосунда парламенттик негизде түзүлгөн комиссиялар иштеши зарыл.

- Кыргыз бийлигинен кырдаал өрчүп кетпеши үчүн кандай кадамдар талап кылынат?

- Эки тараптуу түзүлгөн комиссиянын натыйжасы сөзсүз айкын болушу керек. Заманбап арачы, көпүрө инструменттер колдонулуп, элге түшүндүрүү иштери так, даана жүргүзүлүүсү шарт.

Чек ара бекеттерге жана жергиликтүү элдин социалдык инфраструктурасына өзгөчө мамиле жасалып, аларды чыңдоо зарыл. Парламенттик комиссия түзүлүп, анын иши да натыйжалуу болушу талап. Анклавдар маселесин эл аралык тажрыйбанын жана укуктун негизинде чечип, иретке келтириш керек. Экономикабыз бекемделген, эгемендигибизди коргой ала турган мамлекет экенибизди элге да, кошуналарга да сыйдыра ала тургандай болуу зарыл.

Баткен: Сох анклавында кырдаал курч бойдон

Кыргыз-өзбек чегиндеги Чарбак айылы, Баткен облусу.

Өзбекстандын Сох анклавынын тургундары Кыргызстандын 20дан ашуун жаранын барымтага алып, автомашиналарын талкалап салды.

Баткен облусунун ичинде жайгашкан Өзбекстандын Сох анклавындагы Хушяр айылынын тургундарынын чек ара маселесинен чыккан чатагы жекшембиде күч алып, кыргыз жарандарына кол салуу менен коштолду. 7-январда эртең менен барымтадагы отуз чакты адамдын он төртү, негизинен аялдар менен жаш балдар бошотулду.

Чыр эмнеден чыкты?
Чарбак айылында чыр чыккан (картаны басып чоңойтуп алыңыз)
Чарбак айылында чыр чыккан (картаны басып чоңойтуп алыңыз)
Өзбек жарандарынын нааразылыгына аталган айылга чектеш Баткендин Чарбак айылына кыргыз тарап чек ара тозотун (застава) ачышы себеп болгондой. (Бул чек ара тозоту былтыр декабрь айынын орто ченинде, премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев Баткенге иш сапары менен барган учурда расмий түрдө ачылган) Кечээ, 5-январда кыргыз тарап бул тозотко электр линиясын тартмакчы болгондо хушярлыктар каршылык көрсөтүп, бирок кыргыз чек арачылары эскертүү иретинде асманга ок чыгарганда тарап кетишкен.

Баткендеги кабарчыбыз Жеңиш Айдаровдун маалымдашынча, аталган айылдын миң чакты тургуну жекшемби күнү эртең менен кайра топтолуп, аталган тозотко электр зымын алып келген мамыларды оодарып салышты. Жаалданган тургундар аны менен эле тим болбой жолдон өтүп бараткан Кыргызстандын эки автоунаасын токтотуп, унааларды талкалап салган. Окуя болгон жерге жетип барган Баткендин Кыштут айыл өкмөтүнүн аймактык милиция кызматкерин сабап, автоунаасын талкалаган. (Учурда милиция кызматкеринин абалы канааттандырарлык экени, медициналык жардам көрсөтүлгөнү айтылууда.)

Топтолгон өзбек жарандары мунун алдында кыргыз чек арачыларына да кол салууга аракет жасап, бирок кыргыз чек арачылары эскертүү иретинде асманга ок чыгарганда артка чегинген. Өзбекстандын Сох районунун акими кыргыз тарапка мына ушул окуяда төрт өзбек жараны жаракат алып, ооруканада жатканын айткан. Бирок ал жолугушууга барган Баткен районунун акими Сейитмурат Калыковдун жарадар болгон жарандарды көрсөтүү өтүнүчүн аткара алган эмес. Баткен облустук акимчилиги ушундан улам жарадар болгондор тууралуу маалымат тастыкталбаганын "Азаттыкка" 7-январда эртең менен билдиришти. Мунун алдында бул окуяда үч өзбек жараны окко учканы тууралуу да кабар тараган. Кыргыз тарап бул маалымат да тастыкталбаганын билдирүүдө.

Барымтадагылар толук бошотула элек

Чек арачыларга кол салуу аракетинен соң хушярлыктар Баткендин Чарбак айылын ээн-эркин аралап, чаң салуу менен аталган айылдын алты тургунун өз аймагына күчтөп алып кирип кетишкен. Азыр Кыргызстандын 20 жараны Өзбекстандын аймагында барымтада кармалууда. Баштапкы маалыматтарда 13 кыргыз жараны барымтада кармалып турганы айтылган эле. Бүгүн таңга карай такталган маалыматтарда жалпысынан 30дан ашуун кыргызстандык адамдар барымтага кармалганы, эртең мененге чейин алардын 14ү, негизинен жаш балдар менен аялдар бошотулганы айтылды. Учурда Өзбекстандын Сох анклавындагы Хушяр айылындагы ооруканада 20дай эркек дагы эле кармалып турат.

Барымтадагылардын арасында Чарбак айылынын тургундарынан сырткары Сох аркылуу кыргыз айылдарына өтүп баратканда кармалган жолоочулар да бар.

6-январдын кечинде Баткен районунун акими Сейитмурат Калыков Сохто барымтада кармалып турган кыргыз жарандары менен жолугушуп чыкканын, алар айылдык ооруканада кармалып турганын облустук бийликке кабарлаган.

Барымтадагыларды толук бошотуу боюнча жергиликтүү деңгээлдеги эки тараптуу сүйлөшүүлөрдөн азырынча майнап чыга элек. Аларды кармагандар кандай талап коюп жатканы да азырынча белгисиз.

Жалпысынан кечээки тополоңдо Кыргызстанга тиешелүү жети автоунаа талкаланган.

Өзбек жарандарынын мындай аракетинен улам жекшембиде түштөн кийин Кыргызстан Сохтун тегерегиндеги бардык чек ара бекеттерин жаап, анклавга кирип-чыгуу токтогон. Сохту Өзбекстан менен байланыштырган жападан жалгыз жол - Сох - Риштан жолу да жабылды.

Учурда чек арадагы Чарбак айылында электр жарыгы, суу жок. Бул айылга Кыргызстандын Согмент айылынан чыккан арык Өзбекстандын Хушяр айылынын четинен өткөндүктөн, кошуналар сууну жаап салган. Чарбактыктардын тирилиги ошол бир арык сууга байланышкан. Чек аралар чырмалышкан жердеги бул чакан айылда 60 кожолук жашайт. (Болжол менен 300 чакты эл бар.)

Баткен облусунун ичинде жайгашкан Сох анклавы өзүнчө бир район, 60 миңден ашуун калкы бар. Район Өзбекстанга караганы менен калкынын 90 пайыздан ашууну тажиктер. Чек арадагы бул аймакта жер, суу талаштарынан улам буга чейин деле мындай чатактар чыгып келген. Бирок азыркыдай бир тараптын өкүлдөрүн экинчи тарап барымтага алганга чейин жеткен эмес.

Баткен облусундагы элдин тең жарымы Ош шаарына, андан ары өлкө борбору - Бишкекке баруу үчүн мурдараак ушул Сохту аралап өткөн жолго көз каранды эле. Кудай жалгап, былтыр Сохту айланган Баткен-Бүргөндү-Пүлгөн жолу бүткөндөн бери баткендиктер үчүн Сохтун ичиндеги жол негизги жол болбой калды. Бирок азыр деле Баткендин тоо тарабындагы бир канча айылдарынын калкы облус борборуна баруу үчүн Сохту аралап өтүүгө аргасыз.

Тажиматов: Тышкы саясатта тең салмак жоголууда

Саясат таануучу Санжар Тажиматов Кыргызстандын тышкы саясаты, "Манас" аба майданына Орусия менен Логистикалык борбор куруу боюнча сүйлөшүүлөр тууралуу ой бөлүштү.

- Орусиянын маалымат агенттиктеринин билдиргенине караганда, “Манаска” Логистикалык борбор куруу боюнча кыргыз-орус сүйлөшүүлөрү Кыргызстан тараптын сунушу боюнча башталыптыр. Айрым саясатчылардын азыркы кыргыз бийлиги бир гана Орусияга ыктап жатканы келечек үчүн кооптуу деген чочулоосу канчалык негиздүү?

- Эгер эгемендүүлүк жылдарына, соңку 21 жыл ичине саресеп салып карасак, 2012-жылы жана азыр биздин суверендүүлүккө коркунучтун күчөгөнүн байкоого болот. Бир гана мамлекетке приоритет берүү – келечек үчүн коркунучтуу. Соңку мезгилде биз жалгыз гана Орусияга приоритет берип жатабыз. Акыркы пресс-конференцияда президент Атамбаев Евробиримдикти кош стандартуулук саясатын жүргүзүп жатат деп күнөөлөдү. Мунун баары келечек үчүн туура эмес болуп калат.

- Эмнеси менен туура эмес, эмнеси кооптуу?

- Суверендүүлүктү сактап калуу үчүн бардык мамлекеттер менен тегиз мамиледе болуп, тең салмактуулук саясатын жүргүзүш керек. Бул азыр актуалдуу маселе. Тигил же бул мамлекетти, же державаны күнөөлөөгө болбойт. Себеби алар өзүлөрүнүн улуттук геосаясый кызыкчылыктарын ишке ашырып жатат.

Ал эми биз үчүн өз кызыкчылыгыбызды коргоп калуу эң маанилүү. Бүгүнкү күндө бизде тышкы саясатта жүргүзүлүп жаткан иштер улуттук кызыкчылыкка жооп бербейт. Ошол маселени коомчулуктун деңгээлине алып чыккан, туура эмес болуп жатканын айткан күчтөр да саясий чөйрөдө байкала элек. Бул өтө өкүнүчтүү.

- Балким мындай саясат экономикалык жактан алып караганда Кыргызстан үчүн пайдалуудур...

- Парламенттик шайлоо болобу, президенттикпи, биздин саясатчылар биринчи кезекте Орусия, Казакстандан колдоо издеп, өзүлөрү жол ачып жатпайбы. Экономикалык кызыкчылыкты деле бир жактуу, бир гана мамлекетке таянуунун негизинде эмес, тең салмактуулукта алып барса болот. Бирок ал үчүн саясий эрк, ошол багытты алып кете ала турган шык жакшы болбой жатат...

- Жамааттык коопсуздук келишим уюму 2014-жылы Ооганстандан коалициялык күчтөр чыгарылгандан кийин аймакта коопсуздукту камсыз кылуучу күч боло алабы?

- Тигил же бул уюмга бириккенде кандайдыр бир деңгээлде суверендүүлүктүн бөлүгүн берүүгө туура келип жатат. Жамааттык коопсуздук келишим уюму ушу күнгө чейин жакшы бир натыйжа көрсөткөн жок. Бизде болуп өткөн окуялар ага далил. Мындан ары кандай болоорун да айтыш кыйын.

Ооганстан жалаң гана аймактык эмес, дүйнөлүк коопсуздукка байланыштуу маселе. Ошондуктан глобалдык масштабда алып караганда да башка мамлекеттер менен, керек болсо АКШ, Кытай жана башка өлкөлөр менен да ушул багытта жигердүү кызматташсак болмок. Жалгыз гана Орусиянын позициясын колдоо келечекте биздин эгемендик үчүн чоң коркунуч туудурушу мүмкүн.

Юлдуз Усманова Гүлүгө арнап ыр жазды

Юлдуз Усманова

“Гулисан” – өзбек ырчысы Юлдуз Усманова президенттин кызы Гүлнара Каримовага арнап, аны даңктап жазган ыр.

“Кардан коркпос байчечек,
Гүлдөй берсең кышта да,
Кыштын Гүлүсүң.

Ар көңүлгө жол таап,
Козголоңун баса алсаң,
Көңүл Гүлүсүң”,
- деген саптары менен Юлдуз Усманова президенттин кызын мактаган.

Бул ырында мындан сырткары, Усманова Каримованы роза гүлүнө салыштырып, “Атыр гүлдү баары сүйөт, бирок тикенеги бар, абайлап мамиле кылат”, - деп ырдайт.

Бул эле эмес, Усманова президенттин кызынын сулуулугун даңазалап, “Сенден сүйүү жанат, сулуулук сенде, ошон үчүн Гүлүсүң”, - деп ырдайт.



Бирок Усманованы заматта интернетте плагиат үчүн айыптагандар пайда болду. Анткени “Гүлисанга” окшош ырды буга чейин түркиялык ырчы Таркан аткарыптыр.

Жаңы ырды сындагандар анын айрым кайрыктары Таркандын “Ашыктык кетти бизден” деген ырынан деп жазышты.

please wait

No media source currently available

0:00 0:02:54 0:00
Түз линк
(баяндын аудиосун угуңуз)

Кандай болсо да азыр өзбекстандык атактуу ырчынын соңку чыгармасы социалдык түйүндөрдө кызуу талкууланууда. Көптөр муну Усманованын “президенттин кызын мактап-жактап, жагалданганы” деп эле баалашууда.

Акыркы бир нече жылдан бери Өзбекстанда Юлдуз Усманованын ырларына телерадиодо тыюу салынган эле. Бирок өткөн айда, декабрда президенттин кызы Гүлнара Каримова уюштуруп келаткан “Жылдын мыктыларын” аныктоочу конкурста Усманова калыстар тобунун мүчөсү катары катышып калды.

Анан эле 31-декабрда Усманованын Гүлнарага арнаган “Гүлисан” ыры жаңырды.

Айрым байкоочулар бул ырдан кийин Усманова үчүн Өзбекстанда жабылган көптөгөн эшиктер кайрадан ачылат го деп болжоп жатышат.

Талдоочулар ыктымал жаңжалдарды саноодо

2010-жылы 10-июнда чыккан улут аралык кагылышта жүздөгөн адамдардын там-жайы өрттөлгөн.

Батыштык айрым талдоочулар Фергана аймагындагы беш өлкө үчүн 2013-жыл оор болот деп болжошууда. Алардын ичинде Кыргызстанды улуттар аралык ыктымал жаңжалдарга байлашты. Мунун жүйөсү канчалык?

Талдоочулар санаган постсоветтик беш өлкөнүн катарында Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан, Түркмөнстан бар. Аларда 2013-жылы саясий тобокелчилик артат деген божомолун мамлекеттик саясат боюнча адистешкен журналист Илан Гринберг The National Interest гезитине жазды.

Мындай божомолдордун катарына ал улуттар аралык кагылыштардын, исламчыл- радикалдык аракеттердин, чек араларга байланыштуу мамлекеттер ортосундагы дооматтардын, улутчулдуктун күчөшү сыяктуу ыктымалдыктарды кошту.

Ушуга жакын божомолду Борбор Азиядагы коопсуздукту чагылдыруу жаатында адистешкен вашингтондук көз карандысыз дагы бир журналист Жошуа Кучера EurasiaNet сайтына жарыяланган баяндамасында айткан. Ага чейин Эл аралык кризистик топ 2013-жылы Борбор Азия аймагында 13 ыктымал жаңжалды санаган.

Кыргызстан баяндамалардын биринде аймактагы жалгыз парламенттик жана АКШ менен Орусиянын аскерий базасын бир учурда жайгаштырып, ал аркылуу дүйнө коомчулугунун назарын буруп турган өлкө катары сыпатталат.

5-август, 2010-жыл, Бишкек
5-август, 2010-жыл, Бишкек
Ошол эле мезгилде борбордук бийликке жеке адамдардын жана чакан элитанын кызыкчылыгынын жетегинде иштеп, талылуу түштүк аймакты анча көзөмөлдөй албай, жергиликтүү бийлик болсо улутчул саясат жүргүзүп жатат деген доомат артылган. Мисал катары Эл аралык кризистик топтун өкүлүнүн кармалышы келтирилип, мындай жагдайда мурдагы жара күтүүсүз жарылып кетиши мүмкүн деп божомолдонот.

Божомолдорго жергиликтүү талдооочулар ар кыл баа берип жатышат. Укук коргоочу жана журналист Абдымомун Мамараимов, маселен, 2013-жылы улут аралык чыр-чатак чыгат деген божомол чындыкка коошпойт, улут аралык мамиле жакшыруу жолунда дейт:

- Чет өлкөлүк кээ бир эксперттер же журналисттер биздин келечегибизди кандай элестетсе, ошол стандарт менен өнүгүш керек деп эсептейт. Бул туура эмес. Проблемалар бар. Бирок мамилелер өзгөчө. Бири-бирине аяр мамиле жасашат. Дилин оорутуп койбойт бекемин деген сезим бар.

Ошол эле мезгилде Мамараимов жергиликтүү бийлик элдин социалдык маселелерин тынымсыз жана ыкчам чечип жатат деп ишендирди:

- Мамлекет да азыр көзөмөлгө алып алды десек болот. Бишкекти укпай атат, андай-мындай дешкени менен, Ошто өзүнчө бийлик бар. Ошол бийликтин баркы бар. Ал эми борбордук бийликке карата мамиле ар кандай.

20-август, 2010-жыл, Ош
20-август, 2010-жыл, Ош
Анткен менен АКШда иштеп жаткан саясат таануучу Бактыбек Абдрисаев "Азаттыкка" борбордук бийлик жаңжалдарды болтурбоо үчүн бир топ аракеттерди жасап жатканына жакында Ош аймагын кыдырып жүрүп күбө болдум деп билдирди. Анын айтымында, бирок, элдин социалдык абалы жайында деп айтууга болбойт. Бул жагынан өкмөт батыш талдоочуларынын байкоолоруна көңүл буруп, өксүгөн жакты чыңдоого умтулуусу шарт. Антпесе тышкы күчтөр бул өндүү талылуу маселелерди өз кызыкчылыгына оңой эле пайдалана алат дейт:

- Глобалдык кризиске байланыштуу ар кандай күчтөр болушу мүмкүн. Өкмөт саясаты ошондой учурларды эске алган туура саясат жүргүзүш керек. Эгер туура эмес саясат жүрсө, көп маселелер ошондон да чыгып кетет.

Мурдагы тышкы иштер министри Аликбек Жекшенкуловдун пикиринде, эл аралык деңгээлдеги талдоолор сөзсүз тигил же бул мамлекеттин өнүгүүсүнө, түздөлүүсүнө пайда берет, бирок, айрым пикирлерди акыркы тыянак катары кабыл алууга да болбойт:

- Кээде окумуштуулар, публицисттер талдоолордун эң жаман вариантын атайылап, бийликтегилерди ыңгайсыз абалга коюу максатында ашыра айтышат. Анткени алып аткан акчасын акташы керек. Бирок,аларда макул болуучу жагдайлары да бар.

5-август, 2010-жыл, Бишкек
5-август, 2010-жыл, Бишкек
Саясатчы акыркы баяндамаларда белгиленген Фергана өрөөнүндөгү коопсуздук жалгыз эле Кыргызстандан көз каранды эмес дейт. Анын айтымында, Борбор Азия элдериндеги жакырчылык, ислам экстремизми, чабал бийликтер ар кандай жаңжалдарды шарттап тургандыгы башынан белгилүү. Бул коркунучтарды алдын алуунун, талдоолорду күчөтүүнүн ордуна азыр мамлекеттик лидерлер башкарууда жеке кызыкчылыктарга жетеленип баратат. Ошондуктан таасирдүү булактары бар эл аралык баяндамаларга, талдоолорго бийликтер, анын ичинде кыргыз өкмөтү да кылдат мамиле кылуу жөнү бар дейт:

- Мындай маалыматтарга өтө кылдат, жооптуу мамиле кылышыбыз керек. Бийликтегилер булар айта берет деп, кайдыгер карап койгон болбойт. Эгемендикти, коопсуздукту, чек араларды бекемдеген чараларды көрүшүбүз керек.

Кыргызстандын түштүк аймагында 2010-жылы 10-июнда чыккан улут аралык кагылыш жүздөгөн адамдардын өмүрүн алып, миңдеген жарандар үй-жайын таштап качууга аргасыз болушкан.

Казак чек арачылары үчүн капсалаң жыл

Кырсык болгон жер, 26-декабрь, 2012-жыл

3-январда Алматыда жаңы жыл алдындагы авиакырсыкта каза тапкан Мамлекеттик чек ара кызматынын башчысы Турганбек Стамбеков менен жубайы Сауленин сөөгү жерге берилди.

Жалпы ээлеген аянты боюнча дүйнөдө 9-орунду ээлеген Казакстандын 12 миң километрлик чек арасын кайтаруу оңой иш эмес. Бирок 2012-жыл казак чек арачылары үчүн өзгөчө сыноого жык жыл болду окшойт.

Адегенде 14-май күнү казак-кытай чек арасындагы күзөт жайларынын биринде 14 аскер өлтүрүлүп, алардын өлүмүнө ошол жерде кызмат өтөп жүргөн 19 жаштагы жоокер Владислав Челах күнөөлөнүп соттолуп, өмүр бою эркинен ажыратылды.

Үрөйдү учурган окуянын изин суутпай, Казакстандын чек ара кызматында тазалоо иштери жүргүзүлүп, мурунку жетекчи генерал Мырзалиев иштен алынып, ордуна полковник Турганбек Стамбеков дайындалган эле. Стамбековго Мамлекеттик чек ара кызматын реформалап, андагы тамырлап кеткен татаал жагдайды оңдоо милдети тапшырылган.

Турганбек Стамбеков менен коштошуу, 3-январь, 2013-жыл
Турганбек Стамбеков менен коштошуу, 3-январь, 2013-жыл
25-декабрда Казакстандын чек ара кызматынын эң жогорку чиндеги 20 жетекчисин салып алып, Алматыдан Чымкентке бараткан учак кырсыкка учурап, полковник Стамбеков жубайы жана шакирттери менен кошо капилет каза тапты.

Бейшембиде Алматыда өткөн тажыяда Казакстандын Улуттук коопсуздук комитет жетекчиси Нуртай Абыкаев сөз алып, полковник Стамбековдун өмүр жолу, анын жеке адамдык жана кесиптик сапаттарын жогору баалап, маркум он жылдан ашуун мезгилде чек ара гарнизон башчысынын орун басарынан Мамлекеттик кызматтын жетекчисине чейин өсүп жетилгенине токтолду.

Казакстанда Мамлекеттик чек ара кызматы Улуттук коопсуздук комитетинин карамагында. Чек арадагы атышуу жана авиакырсыктан улам коомчулукта балким, бул кызматты өз алдынча структурага айлантуу зарыл деген кептер да айтылды.

Владислав Челах сот залында, 11-декабрь, 2012-жыл
Владислав Челах сот залында, 11-декабрь, 2012-жыл
Түркмөнстан, Өзбекстан, Кыргызстан, Орусия, Кытай менен узак чек арасынан башка Казакстан Каспий көлү аркылуу да коңшулаш өлкөлөр менен кесилишет. Эксперттер Казакстанда сатылган буюмдардын 80 пайызы Кытайдан ташылып келээрин, андан башка жактардан да оокат жүктөгөн соодагерлер мыйзамдуу салыктардан качып чек арачыларга пара берүүнү жолго коюп алышканын айтышат. Коррупция чырмаган чек ара кызматында билимсиздик менен адепсиздик кеңири жайылып, туташ көйгөй жарата баштаганы белгиленет.

Азырынча мамлекеттик чек ара кызматын убактылуу жетектөө маркум Стамбековдун орун басары Абай Брекешевге жүктөлүп, Казакстандын парламентинде чек арачыларды тийиштүү деңгээлде машыктырып даярдоо, кадрды туура тандоо жана жалпы кызматты реформалоо сунуштары кызуу талкууга алынды.

Транзиттик эмес, логистикалык борбор болот

Кыргызстан “Манас” аба майданына логистикалык борбор куруу боюнча Орусия менен сүйлөшүүлөрдү баштады.

Бул тууралуу билдирген Транспорт жана байланыш министрлиги азырынча кандайдыр бир макулдашуулар жоктугун айтууда.

Президент Алмазбек Атамбаев 2014-жылы “Манастагы” АКШнын Транзиттик жүк ташуучу борбору чыгарылып, анын ордуна транспорттук хаб курулушу мүмкүн экендигин билдирген болчу.

Бирок ири долбоорлор, анын ичинде стратегиялык келишимдер бир гана Орусия менен түзүлүп жатканын сындап, бул өлкөнүн көз карандысыздыгына шек жаратат дегендер да бар.

Жоон топ делегация

Жаңы жыл алдында, 26-27-декабрь күндөрү Кыргызстанга келип кеткен орусиялык делегация “Манас” аэропортуна логистикалык борбор курууга көмөктөшүү боюнча Транспорт жана байланыш министрлигиндеги жетекчи адамдар менен жолугушуп, аба майдандын шарты менен да таанышып чыкты. Жарандык авиация департаментинин жетекчиси Акылбек Жумабаев жолугушуунун мазмуну тууралуу буларга токтолду:

- Бардык эле жерде айтылып жаткандай, Орусиянын логистикалык борбор курууга жардам берели деген демилгеси болгон. Жолугушууда ошону сүйлөштүк. Азыркы “Манас” аэропортундагы инфраструктураны көрсөтүп, түшүндүрүп бердик. Кандай шарттар бар, кандай иш жүргүзүүгө, кызматташууга даярбыз - буларды айтып бердик. Кийинчирээк дагы жолугушуп, керектүү болгон маалыматтар жана документтер менен алмашабыз.

Жумабаевдин айтымында, бул алгачкы гана жолугушуу болгондуктан, кандайдыр бир чечимдер же биргелешкен макулдашуулар кабыл алынган жок.

Орусиялык делегацияны Жарандык авиация боюнча мамлекеттик саясат департаментинин төрага орун басары Олег Демидов баштап келген. Анын курамында “Россавиациянын” башкармалык жетекчилери, Тышкы иштер министрлигинин жана бир катар орусиялык авиакомпаниялардын өкүлдөрү да болгон.

Логистикалык борбор “Манастагы” АКШнын транзиттик борбору чыгарылгандан кийин иштей баштайбы жана ал ошол базанын ордуна жайгашабы - бул азырынча белгисиз. Ал эми орусиялык бир катар маалымат каражаттарынын өткөн ишемби күнү жазганына караганда, Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин атайын өкүлү Александр Лукашевич логистикалык борборду куруу эмдиги жылы АКШнын транзиттик жүк ташуучу борбору чыгарылар мезгилге мерчемделип жатканын жана бул боюнча сүйлөшүүлөр башталганын ырастаган.

Тең салмактуулук зарылчылыгы

Бирок Кыргызстанда стратегиялык келишимдерди түзүүдө бир гана өлкөгө артыкчылык берүүгө чочулоо менен карагандар бар. Алардын бири - Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Абдрахманов:

- Америкалыктардын базасын кубалабай эле турсак жакшы болмок. 2014-жылдан кийин Ооганстандагы абал кандай болоору белгисиз. Экинчиден, орустар деп бөлбөй эле коёюн, дегеле бир гана мамлекетке - Европа же АКШга баарын берип салган болбойт. Азыр биз орустарга монополдук укуктарды берип салдык. Мына “Кыргызгазды”, мунай өнүмдөрүн берип жатабыз. Ошондой эле ГЭСтерди курабыз деп суу ресурстарын да алышты.

Президент Алмазбек Атамбаев "Манас" аба майданында жайгашкан АКШнын транзиттик жүк ташуу борбору 2014-жылдан кийин чыгарыларын, база жарандык борборго айланышы ыктымалдыгын бир нече ирет айткан. Президент бул пикирин 11-декабрда Берлинде Германиянын канцлери Ангела Меркел менен жолугушууда да кайталаган болчу.

- Биз 2014-жылдан кийин кандайдыр бир жүк ташуу иштерине жардам берүүгө даярбыз. Бирок “Манас” аэропортунда аскерий база болбойт. Анткени Манас жарандык аэропорт жана ал Кыргызстандын борборуна жакын жайгашкан. Жарандык аэропортто аскерий базанын болушу аэропорттун өзү үчүн да, Кыргызстандын борбору үчүн да тобокелдүү. Ошондуктан 2014-жылдын июнь айынан кийин бул база жабылат. Ал жерге биз транспорттук хаб курууну мерчемдеп жатабыз. Биз аны курууга бардык каалаган тараптарды чакырабыз. Мейли ал Орусия, АКШ, же Германия болсун.

Кыргыз өкмөтүнүн ишениминде, эгер “Манас” акыркы заманбап технологиялар менен жабдылса, аба мейкиндиги аркылуу жүктөрдү кабыл алуу, сактоо жана кайра жөнөтүү, маалыматтык жана башка кызмат көрсөтүү иштерин жүргүзгөн чөлкөмдөгү ири борборго айланмакчы. Аны менен катар “Манас” аба майданы Батыш жана Түштүк-Чыгыш Азия өлкөлөрүн аба жолдору аркылуу байланыштырган жана жолдун узактыгын да, чыгымды да 20 пайызга чейин кыскарткан негизги багыт болуп калмак дешет.

ГЭСтердин тизгинин Орусия тартабы?

Жогорку Нарында курула турган 4 ГЭCтин пайдубалына капсула салуу аземинде президент Алмазбек Атамбаев жана “РусГидро” ачык акционердик коомунун төрагасы Евгений Дод, 27-октябрь, 2012-жыл

Камбар-Ата-1 ГЭСин жана Жогорку Нарын каскадын куруу боюнча Орусия менен долбоорлор Кыргызстандын кызыкчылыгына каршы келиши мүмкүн.

Энергетикалык долбоорду бекитүү боюнча мыйзамды талкуулоодо бир катар депутаттар анын айрым бир шарттарын кайра карап чыгуу маселесин көтөрүүдө. Бирок бул ири инвестициялык долбоорго Кыргызстандын каржылык салымы дээрлик жок болгондуктан, арга жок макул болууга туура келет деген депутаттар тобу да бар.

Аталган макулдашуудагы талаш жараткан маселе курула турган ГЭСтерге кожоюндук кылуудагы теңшериктик шарттарынын бузулушуна байланыштуу болду. Анда элүү пайыз үлүштөн сырткары курулуштар өзүн-өзү актаганга чейин Орусияга Кыргызстандын 25 пайыз акциясы белгисиз мөөнөткө өткөрүлүп берилери көрсөтүлгөн.

Ошондой эле курулуштун жүрүшүндөгү техногендик жана башка ар кандай кокустуктар үчүн жоопкерчилик Кыргызстандын мойнуна артылган. Макулдашууга ылайык, Жогорку Нарын каскадынын жана Камбар-Ата-1 ГЭСинин башкаруу курамынын үчтөн экиси да Орусия тараптан дайындалат.

Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Абдрахманов Кыргызстан муну менен суу ресурстарына болгон кожоюндугун жоготот деп кооптонот:

- 50-50 пайыз болгондо кайсы бир талаштуу маселени бизсиз алар чече албаган, алардын макулдугусуз биз чече албай турган жагдай болмок. Ошондо чогуу эки тараптын тең кызыкчылыгына карата чечимдер болмок. Эми минтип 75 пайызды кармата берүү бери дегенде алар чечим кабыл алууда бизден бир нерсени дагы сурап койбойт. Мисалы, Орусиянын бийлиги Ташкенге барып, Камбар-Атанын экспертизасы боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат. Биздикилерди сылыктык үчүн ага чакырып да койгон жок. Минтип отурса биз колубуздагы эң маанилүү рычагды башка бирөөгө өткөрүп берип койобуз. Анан алар өзүнүн кызыкчылыгына жараша маселе чече турган болуп калат.

Мына ушуга байланыштуу парламенттин айрым депутаттары аталган макулдашууну бекитүү боюнча мыйзамды коомдук талкууга чыгарууга кызыкдар. Анда каралган шарттар Кыргызстандын улуттук кызыкчылыгына доо кетирет деген негиз менен курула турган ГЭСтерди башкаруу жана добуш берүү укугу боюнча маселени кайрадан карап чыгуу жагы сунушталды.

Акча бергендин үнү катуу чыгат

Бирок көпчүлүк депутаттар макулдашуунун шарттары мамлекеттин түпкүлүктүү кызыкчылыктарына каршы келбей турганын айтып чыгышты. Анткени Орусия ГЭСтердин курулушуна каражат табууну өзүнүн мойнуна алган.

2009-жылкы макулдашууда 1,2 миллиард долларга бааланган Камбар-Ата-1 ГЭСинин жана азырынча наркы бычыла элек 8 чакан ГЭСтен турчу Жогорку Нарын каскадынын курулушуна болжол менен эки миллиард доллардан ашуун каражат жумшалышы мүмкүн. Мындай ири инвестициялык салымдын шарттары андан жеңил болушу мүмкүн эмес деп билдирди парламенттин башка бир депутаты Алмазбек Батырбеков:

- Негизи макулдашуунун шарттары Кыргызстандын энергетика жана экономика жаатындагы жоон топ адистери тарабынан талданып чыккандан кийин ага кол коюлду. Бул жерде жетиштүү кызыкчылык камтылган. Эгерде антпесек мындай ири инвестициялык долбоорду ишке ашыруу менен экономиканы көтөрүү мүмкүн эмес.

Аталган макулдашууну бекитүү боюнча мыйзам долбоору 29-декабрдагы парламент жыйынында күтүүсүздөн күн тартибине коюлду. Бир катар талаш-тартыштардан соң мыйзам долбоору биринчи окууда каралды. Эреже боюнча эл аралык макулдашууну бекитүү боюнча мыйзам долбоору үч окуудан кийин толук кабыл алынат.

Адистер узак мөөнөткө жеңилдетилген шарттагы насыя алуу менен ал ГЭСтерди Кыргызстан өзү курса болмок дешет. Бирок курулушту жүргүзүүгө чамасы чак Кыргызстан үчүн макулдашууда көрсөтүлгөн шарттар өтө деле ыңгайсыз эмес деди энергетика боюнча эксперт Расул Умбеталиев:

- Бул маселенин бир жагынан мааниси экинчи жагынан кийин келечекте пайда боло турган оорчулугу дагы бар. Негизи биздин өкмөт ири өлчөмдө насыя алып туруп, өзү эле мына ушул долбоорлорду ишке ашырганда Кыргызстан эч кимге көз каранды болмок эмес. Бирок эми мына ошондой акчаны табыш, тапкандан кийин аны натыйжалуу өздөштүрүш биздин шартта оор көйгөй болуп жатпайбы. Ошондуктан ачыгын айтканда мына ушундай катаал шарттары менен болсо деле ал ГЭСтерди курдуртуп алууга мажбурбуз. Болбосо биздин энергетикалык көз карандылыгыбыз андан бетер оор абалда калышы мүмкүн.

Өткөн жылы 20-сентябрда Орусия менен Кыргызстандын өкмөттөрүнүн ортосунда Жогорку Нарын каскады жана Камбар-Ата-1 ГЭСи боюнча Бишкекте макулдашууга кол коюлган. Ага ылайык, Жогорку Нарын каскадын “Русгидро” компаниясы жана Камбар-Ата-1 ГЭСин экинчи бир орусиялык «ИнтерРАО ЕЭС» ишканасы курмакчы.

Данисте: Балдар атасын чек арада эле көрүшөт

2010-жылдагы июнь окуяларынан кийин Өзбекстан ондогон кыргызстандык келиндерди өз аймагынан “документтери жок” деп, Кыргызстанга чыгарып жиберген. Алардын арасында Баткендин Миңчынар айылынан өткөн кылымда Өзбекстанга турмушка чыгып, очор-бачар болуп калгандары да бар эле. Өзбек жарандарына турмушка чыккан аялдар күйөөлөрү калып, өздөрү балдары менен кошо Кыргызстанга кайтууга аргасыз болушту.

Кыргызстандан Өзбекстандын жарандарына турмушка чыгып, бирок өзбек паспортун албаган келиндер 2010-жылдан баштап депортацияга тушуккан. Мындай абалга кабылгандардын көпчүлүгү Кадамжай районунун Актурпак айыл округ аймагынан болушат.

Күйөөсү Өзбекстанда калып, өзү үч перзенти менен Миңчынар айылына төркүнүнө келген 35 жаштагы Алтынай Кабылова азыр айылдан кыйла четтеги ээн жерде шыйпаңчада жашап жатат.

“Балдарың менен сүтүн ичип тургула” деп, атасы жалгыз саан уйун таштап кеткен экен. Мен келгенде Алтынай уйга жем берип жүрүптүр. Улуураак балдарын айылдагы мектепке берген, азыр колунда үч жашар уулу менен отурган аял бир бөлмөнү эптеп жылуулатып алган.

Эшик-терезелери да эптеп жасалгандыктан шынааларынан шамал кирип тургандай. Мешке тезек жагат, идиш-аягы, казан-табагы, жыйылган төшөгү, уй сааган чакасы - баары ушул көптөн бери акталбаган, терезесине бозомук чүпүрөк тартылган бир бөлмөдө.

Алтынай мешти чукулап отуруп мага буларды айтып берди:

- 1997-жылы Өзбекстанга турмушка чыккан элем. Жакшы эле жашап жатканбыз. Анан эле “Өзбек паспорту жоктор өлкөдөн чыгарылат” деп калышты. Себебин сурасак, “Бишкекке барып, бийликтер менен сүйлөшүп келсеңер, анан өзбек паспортун жасап беребиз”, - дешкен. Бирок ошол бойдон кайра кире албай калдык. Мага окшоп, ал жактан чыгарылгандардын айрымдары барып, бирок кийин кайра келишкенин уктум.

“Азаттык”: Өзбекстанда жашооңуздар кандай эле?

- Жакшы эле жашап жатканбыз. Анан бул жакка келип калгандан кийин ата-энем: “Эми кайра барып отурасыңарбы. Андан көрө ушул эле жерде калгыла”, - деп, бул жактан бизге жер да беришти. Өзбекстанда деле жаңы үй салып, ошол жакка өзүбүзчө чыккан элек. Жыйган-тергенибизге үйүбүздү толтуруп, дурус эле болчу. Ошонун баары калды да. Азыр эми бирөөлөрдүн шыйпаңын үй кылып отурабыз.

“Азаттык”: Азыр бул үй кимдики?

- Бул Эгемберди акенин үйү (айылдашы - ред.). Ушунун үйүндө отуруп тургула дешкенинен ушул жердебиз. Ата-энемдикинде деле болдук. Бирок алардын деле үйүндө адам көп. Өзүбүз башка бөлүнүп чыгалы деп, эптеп ушинтип жүрөбүз да. Балдарымдын атасы Өзбекстанда. Азыр эми эки жыл болуп калды келгенибизге. Балдарым да атасын сагынат, аны да бул жакка алып келип жашасак дейбиз.

“Азаттык”: Сизге окшоп күйөөсү Өзбекстанда калып, өздөрү Кыргызстанга келген келиндер көппү?

- Мени менен кошо 17-18 аял чыкканбыз. Мага окшоп айылда тургандары эптеп жашап жатышат. Кыйналгандары Орусияга кетишти.

“Азаттык”: Эки балаңыз мектепте окушат экен. Аларды мектепке кантип алышты? Албайбыз деп кыйнабадыбы?

- Келгенде мектепке да абалыбызды түшүндүрдүк. Такыр айлабыз жок отурганыбызды айтканда, акырында балдарды алышты.

“Азаттык”: Жолдошуңуз менен ошондон бери көрүшө алдыңызбы?

- Күйөөм менен чек арадагы бажы постунда көрүшүп, балдарымды көрсөтүп турам. Биз ары өтө албайбыз, ал да бери келе албайт. Качып өткөндөрдү атышат. Ошон үчүн бажыдагы кызматкерлер менен эле сүйлөшүп жолугушабыз.

“Азаттык”: Бул жакта азыр жашооңуз кандай?

- Балдарыбыз менен эптеп эгин эгип, жашаганга аракет кылып жатабыз. Жаман дебейбиз жашаган жерибизди.

“Азаттык”: Сиз үчүн кайсы жакта жашаган ыңгайлуу? Өзбекстандабы, же бул жерби?

- Азыр бизге ушул жак эле ыңгайлуудай көрүнүп турат. Өзбекстанда кайра баарын башынан баштап, жер алыш да оңой болбойт.

“Азаттык”: Азыр мына сыртта күн кыйла эле суук, үйүңүздөр да анча жылуу эмес экен?

- Отун-тезек жагып отурабыз. Кошуналарыбыз да алысыраакта. Биз турган жер айылдын чети. Жакын арада адам деле жок.

Минтип күйөөлөрү Өзбекстанда, өздөрү Кыргызстанда калган аялдар Актурпак айыл округунда эле 22 адам. Ал эми облус боюнча канча киши Өзбекстандан чыгарылганын так билген киши жок. Анткени алар азырынча бирдиктүү каттоого алынып, же даттанып бирөөгө кайрылган эмес.

Өзбекстандын жарандыгын алуу кыйындыгынанбы же кайра ал тарапка барууга ниети жоктугунанбы, айтор, Өзбекстандан депортация болгон аялдар балдарынын аталары Кыргызстанга келсе деп тилешет.

Жогорудагы каарманыбыздай жылуу конушунан айрылган дагы бир аял Санабар Бакирова да үч баласы менен ата-энесинин үйүндө жашап жатат. Кайын журтуна кайрылып барчу болсо, сот жообуна тартылаары да эскертилген.

- Милицияга барасыңар дешти. Өзбекстандын Актамыр айылына турмушка чыккан кыргызстандыктар ошол жакка бардык. Ал жерден бизге: “Бул өлкөдөн чыгып кеткиле, кайра келсеңер, сот жообуна тартылып, 5 жылга чейин кесилесиңер”, - деп эскертишти. Бизден арыз да жаздырып алышты.

Жай турмушту көчүп-конууга алмаштырууга аргасыздардын реалдуу саны канча экени белгисиз. Мындай тагдырга тушуккандар Кыргызстандын түштүк аймагындагы бир топ жерлерде бар экенин айтылып жүрөт.

Гапар Бакиров Өзбекстандан айдалып чыккан кызынын үч баласын азыр бул жактагы төрт небересине кошуп карап жүрөт.

- Кызым менен күйөө балам экөө тең бир аз иштеп келели деп Орусияга кетишкен. Неберелерим мени менен калышты. Өзбекстандан чыгып келгенден кийин кайра барган. Кийин милициясына чакырып, кызымдын паспортуна штампын басып, чыгарып жиберишиптир.

Кыргызстандык бул келиндердин учурунда чечилбей калган документтерине байланышкан проблемалары июнь окуяларынан кийин кайра көтөрүлүп, эми үй-бүлөлөрдү чек аранын эки тарабына бөлүүгө себеп болуп отурат.

Кошуна өлкөнүн аймагынан куулуп чыккан атуулдарына Кыргызстан канчалык кам көрөөрү да белгисиз. Азырынча мындай абалга туш болуп кайрылгандарга Актурпак айыл округу колдон келгенин жасап берип жатыптыр. Айыл округ башчысынын орун басары Садыбакас Асанов жергиликтүү бийликтин мүмкүнчүлүгү жетишсиз экендигин айтат:

- Бул келиндер Өзбекстанда турмушка чыккандан бери топтогон мүлкү толугу менен ошол жакта калган жана аларды бул жакка алып чыгууга мүмкүнчүлүк жок. Азыр булар кайрадан Кыргызстанда турмушун нөлдөн баштап жатышат. Биздин айылдык өкмөт колдон келген жардамын берүүдө, бирок ал аздык кылат. Биз кыргыз өкмөтүнө кайрылып, буларга материалдык жактан дурусураак жардам беришин суранат элек.

“Азаттык”: Сиздерге кайрылгандар көппү?

- Бизден расмий түрдө 22 жаран каттоодон өттү. Биздин аймагыбызда дагы 10-15 адам катталбай эле жашап жатат деген маалымат бар. Бирок алардын саны андан да көп болушу мүмкүн. Биздин эле эмес, башка айылдарда да мындай үй-бүлөлөр көп.

Коңшу Өзбекстандын ички саясатынан улам бир үй бүлө экиге бөлүнүп, үй жайын таштап, Кыргызстанга келген аялдар менен алардын балдарынын маселесин чечүү мамлекеттик деңгээлдеги иш экени таасын болуп калды.

Искандаров: чек ара тактоо оңой-олтоң эмес

Кыргыз-өзбек чек арасында.

Кыргыз өкмөтүнүн Чек араны тактоо жана чек ара аймактарын өнүктүрүү боюнча бөлүм башчысы Курбанбай Искандаров “Азаттыкка” маек курду.

“Азаттык”: 2012-жылы чек араны тактоо боюнча кошуналар менен сүйлөшүү кандай болду? Ал сүйлөшүүлөрдөн майнап чыкчудайбы? Маселе ордунан козголдубу?

Искандаров: Биз Тажикстан жана Өзбекстан менен чек ара тууралуу бир топ жылдардан бери эле сүйлөшүп келатабыз. Тактап айтканда, Өзбекстан менен 2000-жылы баштаганбыз. Ошондон бери эки өлкө ортосундагы 1378 чакырым чек аранын 1007 чакырымы такталган.

Маалым болгондой, апрель окуясынан кийин сүйлөшүү токтоп калган. Андан кийин сүйлөшүү баштайлы деп биз демилге көтөргөнбүз. Өзбек тарап биринчи эле жолугушууда мурда такталган жерлерди кайта карап чыгалы деген сунушун айтты.

Бул такталган жерлерди эки өлкөнүн президенттери жолукканда да макул экенин айткан. Бирок ошого карабастан өзбек тарап менен жолукканда "кээ бир участкалар туура эмес такталып калыптыр, ошолорду кайра карап чыгалы" деген талапты коюшту. Биз болсо "буга чейинки сүйлөшүүлөрдө бир топ жумуштар жасалган, биз кайсы жерде токтогон болсок ошол жерден улантышыбыз керек" деген маселени койдук. Бирок алар үч жолугушууда тең ушул маселени коюп туруп алышты. Биз болсо "бул маселени карабайбыз деген жерибиз жок, кээ бир участкаларды караганга макулбуз, бирок адегенде жазылбаган, такталбаган жерлерди тактоону уланталы" деп жатабыз.

Жумуштун жүрүшүндө бирден-экиден участкаларды карап берели дегенге өзбек кошуналар макул болушту. Андан кийинки эки жолугушууда ошондой Баткен менен Ош облусундагы 20дан ашык участкаларды карап чыктык. 2012-жылы негизинен Өзбекстандын өкүлдөрү менен аз жолуктук. Буйруса, 2013-жылга график түзүп, жыл башында эле өзбек тарапты чакырып атабыз.

Чек ара боюнча Тажикстан менен сүйлөшүү 2002-жылы башталган. Биз Тажикстан менен 970 чакырым аралыкта чектешебиз. Бүгүнкү күндө анын 517 чакырымы такталып, эки өлкөнүн өкмөттөр аралык комиссиясынын деңгээлинде бекиген. Бирок тажик делегациясы менен жумуш бир топ илгерилеп атат. Мисалы, акыркы жолугушуу Хожент шаарында болду. Лейлектин Кулунду зонасынын төмөн жагындагы эки айыл Кулундуга Тажикстан аркылуу өтүшү керек. Ошол жерден эл бир топ кыйынчылыктарга дуушар болуп келген. Ал жерде тажиктерден чек ара бекети, автоинспекциясы, экологиялык бекети жана башка көзөмөлдөөчү бекеттер коюлган. Ар биринен өткөндө кыйынчылыктарга дуушар болгон.

Максат деген айылдан окуучулар Кулунду айыл өкмөтүнө келип окушат, ошондуктан алар көп кыйналган. Биз бул маселени тажик тарап менен сүйлөшкөндө койдук. Ошол жерде жол салган убакта Козу-Баглан дарыясына көпүрө салынышы керек эле. Ал жерде Тажикстан суу алган канал бар. Ошол жерде бир топ маселе пайда болду. Такталбаган 78 гектар участок жер бар. 58-59-жылдагы документ боюнча ал жер бизге таандык болуп эсептелет. Тажикстан 89-жылкы документ боюнча бизге таандык деп келет. Сүйлөшүүлөрдө бул маселе чечилбей, эки жыл катары менен коюп келдик.

Тажиктер "ошол жерге жол курганга каршы эмеспиз, бирок силер биздин бийликке кат жөнөтүп, расмий кайрылгыла" дешти. Бирок биз "ал жер силердики же биздики деп тактала элек, эгерде биз антип кайрылсак, анда тажиктердин жери деп тааныганга барабар болот" деп түшүндүрдүк. Ошондон бери бул маселе ачык турган болчу.

Андан кийин эки өлкөнүн президенттери, премьерлери жолукканда сөз болгон. Бирок акыркы Хожент шаарындагы жолугушууда эки өлкөнүн өкмөттөр аралык комиссиясынын жыйынында бул маселени оң жагына чечип келдик. Ошол жерге көпүрө куруп, биздин эки айыл Тажикстандын аймагы аркылуу эмес, көпүрө менен айланып өтүп калат. Буйруса, көпүрөнү куруу ушул жылы башталып бүткөрүлөт. Биз алар менен да тактала элек жерлер тууралуу сүйлөшүү үчүн график түзгөнбүз. Ушул жылдын 8-13-январь күндөрү бизге келишет.

Тажикстан, Өзбекстан менен деле орчундуу маселелер бир топ эле. Себеби үч республика тең Фергана өрөөнүндө жайгашкан. Бул жерде элдин жайгашкан жыштыгы өтө жогору. Бизде кошуналарга салыштырмалуу кичине жыштык азыраак. Ошондуктан алар аймактарын кеңейткилери келип, биздин жерге көз артып турат. Ошондуктан биз бул маселелерди тезинен чечкенге милдеттүүбүз.

Бир жер - эки башка аталыш

“Азаттык”:
Кайсы жерлер өтө талаштуу болуп, орток пикир табуу өтө кыйын болуп жатат?

Искандаров: Бир сотых болсо да жер маселеси өтө оор. Жөнөкөй эле мисалы: эки кошуна эле короо талашканда канча проблема чыгат. Чек ара келгенде бул жерде эки мамлекеттин, эки элдин кызыкчылыгы жатат. Мурда кошуна, дос мамлекет болгон. Биз ошол шар менен чыр-чатакка барбашыбыз керек, тынч чечип алганга аракет жасашыбыз керек.

Негизи талаштуу участкалар өтө эле көп. Өзбекстан менен чечилбеген 58 участкабыз бар. Анын баары эле чечүүгө оңой-олтоң болбойт. Бирок ошого карабастан биз ар бир участок боюнча өзүбүздүн позициябызды тактап алганбыз. Өзбектердин да өздөрүнүн позициялары бар. Бир маселени карардан мурун ошол жерде жашаган эл менен макулдашабыз. Түшүндүрүү иштерин жүргүзөбүз. Эгер антпесек кийин ар кандай сөздөр чыгат. Эл ошол жер кайсы документтер боюнча биздики деп эсептелерин, кошуналар кайсы документтерге таянып өздөрүнүкү деп атканын билиши керек.

Өзбектер Анжиян суу сактагычы деп коёт, биз болсо ал жерди Кемпир-Абад суу сактагычы дейбиз. Ошол жерде маселе чоң. Экинчиси - Барак деген биздин эксклавыбыз бар. Ал жерде да чоң маселе жатат. Андан сырткары Бүргөндү массиви деп койобуз. Өзбектер Түндүк Сох массиви дейт, ал жерде да маселе чоң. Буйруса булар деле убагы келгенде чечилет.

“Азаттык”: Ушул Бүргөндүдө өзбек тарап Кыргызстанга чек арасын тосууга каршы болуп жатканы маалымдалды эле. Ушул тууралуу түшүндүрмө бере кетесизби?

Искандаров: Өзбекстан бүгүнкү күндө Кыргызстанга айтпай-дебей, макулдашпай туруп 500 чакырымдан ашык жерин тосуп алды. Биз аларга "такталбаган жерлерди да кошуп жаап атасыңар,бул кылганыңар туура эмес" деп бир нече жолу кайрылганбыз. Биз тарапка кирип кеткен эки-үч участканы кайра кайтарганбыз. Мына, соңку маалымат: Кадамжайда да тосконду кайра баштаптыр. Биз деле буга чейин жазылып, такталган, Өзбекстан менен макулдашкан жерлерди тосуп баштасак, "жок, бул жер макулдашылган эмес" деп чыгып атышат. Биз ал жерлерди тосконго акыбыз бар.

Мунаса табуу мүмкүн...бү?

“Азаттык”: Делимитация, демаркация иштеринин солгун жүрүп жатканынын башкы себеби эмнеде?

Искандаров: Бул дүйнөлүк практикада оор маселе. Кылымдар бою чечилбеген жерлер бар. Анан ар бир аймактын өзгөчөлүктөрү бар. Биздин Борбор Азиянын да өз өзгөчөлүктөрү бар. Маселени чечүү үчүн ар кандай рычагдарды колдонуп жатабыз. Аксакалдарды угабыз, тарыхый, архивдик материалдарды карайбыз. Негизгиси юридикалык күчү бар документтер болуп эсептелет.

Бүгүнкү күндө кошуналар менен ушул документ ушундай күчкө ээ деген бир тыянакка келе элекпиз. Негизги себеп ушул болуп жатат. Мисалы, 1924-жылы чек араны улуттук аймактык бөлүштүрүү деген башталган. Ошондон баштап 55-жылга чейин жерди тигил же бул республикага өткөрүп берип турган. Эки райондун, эки башкарманын ортосунда эч бир документсиз эле жерди убактылуу пайдаланганга берип турган. Ошондон улам тигил же бул жакка калып калган жерлер абдан көп.

“Азаттык”: Кошуналар менен чек араны, талаш жерлерди тактаганда Кыргызстан утулуп калат деген сөздөр көп айтылат. Буга негиз барбы? Сүйлөшүүлөрдө мунасага келүү канчалык маанилүү?

Искандаров: Сүйлөшүүлөр негизи ошондой жүрүшү керек. Мен жана ар кандай ыкмаларды колдош керек деп айтпадымбы. Бул дүйнөлүк тажрыйбада колдонулган ыкма. Кээ бир учурда экинчи тараптын ыгына көнүүгө туура келет. Кээ бир жерде эл отурукташып, үлүшкө жер берилип калган учурлар бар. Ошондой участкаларды сүйлөшүп, алмашып чечсе болот. Анан Кыргызстан утулуп калат дегенге мен кошула албайм. Тыянак чыга электе эле утулуп калат деп кантип айтканга болот? Биз чек араны тактап бүтө элекпиз. Азыр болгондо да эң оор участкалар калган. Мүмкүн кээ бир жерде саясий чечим талап кылынат.

Экономика - 2012: Акталбаган үмүт

Узаган жыл кыргыз экономикасы өндүрүш жагынан Кумтөр алтын кенине көз каранды экенин дагы бир ирет көргөздү.

Кыргыз өкмөтү жана эл аралык уюмдар жаңы башталган 2013-жылы кыргыз экономикасы 7-8% өсөт деп күтүүдө. Ал эми 2012-жылы айрым секторлор жанданганы менен, өлкө жалпысынан жылды экономикалык төмөндөө менен аяктады.

Экономиканын аяктаган жылдагы абалын талдоо адегенде маселенин тарыхына учкай кайрылууну талап кылып турат. Буга чейин акыркы ирет кыргыз экономикасы ыңкылап жана улут аралык кагылыш болгон коогалуу 2010-жылы 1,5% кыскарган.

Бирок кайра 2011-жылы 2010-жылга салыштырмалуу 8% өскөн. Анда экономика ыкчам калыбына келе алганын эл аралык уюмдар да белгилешкен. Ошол 2011-жылдагы өсүштүн негизинде Эл аралык валюта кору 2012-жылы кыргыз экономикасы бери дегенде 6% өсөрүн болжолдогон эле. Кыргыз өкмөтүнүн божомолу да ушул көрсөткүчтөрдүн тегерегинде болгон.

Бирок Кумтөр алтын кенине күтүүсүз келген геологиялык авария экономика өсөт деген божомолдорду таш каптырды, кыргыз экономикасы өндүрүш жагынан жалгыз алтын кенге көз каранды экенин дагы бир ирет көрсөттү.

Азырынча, 2012-жылдын толук жыйынтыгы чыга элек. Ал адаттагыдай эле февраль айына барып жасалат.

Ал эми 11 айдын Улуттук статкомитет жарыялаган тыянактарына караганда, жалпысынан улуттук дүң өндүрүш 2,4% төмөндөгөн. Кумтөр алтын кенин кошпогондо өсүш 4% түздү.

Кумтөрдөгү авария өндүрүштү артка тартты.
Кумтөрдөгү авария өндүрүштү артка тартты.
Жылдын толук жыйынтыгы менен эң жакшы дегенде экономика 1% өсөт, жаман дегенде 1,5% чейин кыскарат деп күтүлүүдө.

Эл аралык валюта корунун Бишкектеги өкүлчүлүгүнүн башчысы Коба Гвенетадзе “Азаттык” менен маегинде белгилгендей, аяктаган жылы экономика солгундаганы менен өлкөдө каржылык туруктуулук сакталды:

- Каржылык кырдаал, банк секторундагы кырдаал, каржылык туруктуулуктун индикаторлору бир топ эле дурус болду. Банктардагы депозиттердин көлөмү өсүүсү уланды. Депозиттердин өсүүсү өз кезегинде жеке секторго берилген кредит көлөмүнүн өсүүсүн шарттады. Банктардын капиталдашуусу жакшырды, мындан да маанилүүсү - иштебеген кредиттердин азайуусу уланды.

Улуттук банктын эсеби боюнча, аяктаган жылдын 11 айынын жыйынтыгы менен коммерциялык банктардагы депозиттер көлөмү 51 миллиард сомдон ашкан. Банкка акча салгандар көбөйгөнү менен кредиттердин үстөгүнүн төмөндөөсү байкалган жок.

Акча демекчи аяктаган жылы кардарларынын саны 500 миңге жетип калган, алардын баары эле бизнес үчүн болбосо да, турмуш-тиричилик үчүн насыя алууга аргасыз болгон микрокредит компанияларынын да кредиттик капчыгы өстү.

Муну менен катар бул сектордо алган карызын төлөй албаган кардарлар катмарынын пайда болушу, базардагы орточо көрсөткүчтөн эки-үч эсе бийик үстөк менен насыялар берилгени тармакка Улуттук банктан тескөө күчөбөсө проблема тереңдеп кетишин да ачыктады.

Экономиканын структурасында болсо акырындык менен тейлөө тармагынын үлүшү өсүүдө. Ошол эле учурда эксперттердин баамында, көмүскө экономиканын дэңгээли төмөндөгөнү байкалбайт.

Маселен “Инвестициялык тегерек стол” деген коомдук бирикменин декабрда жарыялаган иликтөөсүнө караганда, көмүскө экономика деңгээли Улуттук дүң өндүрүштүн 39% барабар.

Экономиканын аяктаган жылдагы көрсөткүчтөрү боюна айрым жергиликтүү эксперттер жана бизнес ассоциациялардын өкүлдөрүнүн пикирлерин бул жерден угунуз.


please wait

No media source currently available

0:00 0:08:30 0:00
Түз линк


2013-жылы кантет?


Бул албетте ички жана тышкы бир нече факторго көз каранды. Эл аралык валюта кору октябрь айында жарыялаган соңку баяндамасында ошол ички жана тышкы факторлор жагымдуу болгон жана алтын өндүрүшү калыбына келген шартта кыргыз экономикасы 2013-жылы 8,5% чейин өсө аларын болжолдогон.

Кыргыз өкмөтү болсо 7% өсүштү убада кылууда.

Мигранттардын миллиарды Кыргызстанда макро-экономикалык туруктуулукту сактоодо маанилүү роль ойноп жатат.
Мигранттардын миллиарды Кыргызстанда макро-экономикалык туруктуулукту сактоодо маанилүү роль ойноп жатат.
Эл аралык валюта корунун Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн башчысы Коба Гвенетадзе алдыда кылдат көңүл бурууну талап кылган маселе катары инфляцияны атады:

- Инфляция жагынан абал кыйла эле жакшы болду. Азык-түлүктүн эл аралык баасынын таасири астында көтөрүлгөн инфляция 2012-жылдын июнь айына жарым (0,5%) пайызга төмөндөдү. Анткен менен Кыргызстандагы да ички инфляциянын ыргагына таасир көргөзүүчү азык-түлүк менен отундун эл аралык баасы соңку кездери кайра өсө баштады. Андыктан Улуттук банк инфляция кайра жогорулап кетпешине кылдат байкоо салып туруусу абзел. 2012-жылдын жыйынтыгы менен биз инфляция 8% тегерегинде болот деп күтүп жатабыз. 2013-жылга деле чоң айырмачылыкты көргөн жокпуз. Биздин оюбузча, инфляция ошол эле деңгээлде сакталат.

Эл аралык Валюта корунун өкүлү Коба Гвенетадзе кошумчалагандай, Кыргызстандын алдыдагы экономикалык өсүшүнө тыштан Казакстан менен Орусиядагы экономикалык жагдай, алардан кыргыз товарларына суроо-талап кандай болору, Орусиядагы кыргыз мигранттарынан кандай акча түшөрү жана алтындын дүйнөлүк баасы таасир тийгизет.

Ал эми ичтен өсүштү жана макроэкономикалык туруктуулукту камсыздаш үчүн төмөнкүдөй шарттар зарыл:

- Биздин оюбузча, бизнес климатты жана башкарууну жакшыртуу экономикалык өнүгүү үчүн чечүүчү маселелерден. Күчтүү коомдук институттарды түзүү жана коррупцияга каршы күрөшүү экономикалык өсүштүн жолундагы тоскоолдуктарды жоюу үчүн зарыл. Биз ошондой эле Дүйнөлүк банктагы кесиптештерибиз менен бирдикте карыздын туруктуулугу боюнча анализ жүргүзгөнбүз. Бул анализибизди жыл сайын жаңылап турабыз. Ошол жаңыланган анализге таянсак, Кыргызстан карыз жагынан орточо тобокелчиликте турат. Божомолубуз бир аз жакшырды. Бийликтер карыз алуу жагынан өтө кылдат саясат жүргүзүүсү керек. Биз карыз алуулар, өзгөчө энергия секторунда концессиялык шартта гана жүргүзүлүүсүн сунуш кылабыз. Мындай саясат менен бийликтер карыздын туруктуулугу боюнча кырдаалды жакшырта алышат. Ушул тапта Кыргызстандын тышкы карызынын Улуттук дүң өндүрүшкө катышы 47% тегерегинде. Бирок келечекте кырдаалдын курчуп кетпеши үчүн бийликтер карыз алуунун шарттарына көңүл буруп турушу абзел.

Карыз демекчи Жогорку Кеңеш 2013-жылдын бюджетинин киреше бөлүгүн 86 миллиард 228 миллион сом деп бекитти.

Бул каражаттын 15 миллиард 443 миллиону мамлекеттик карызды төлөөгө жумшалат.

Апта: Атамбаев ички-тышкы саясатын тактады

Президент Алмазбек Атамбаев ички жана тышкы саясатка байланыштуу маанилүү билдирүүлөрдү жасады. Кумтөр боюнча мамлекеттик комиссия келишимди кайра карап чыгууну сунуштады.

Жыл соңунда өткөргөн жыйынында президент Алмазбек Атамбаев өлкөнүн ички жана тышкы саясатына байланыштуу маанилүү билдирүүлөрдү жасады. Тышкы саясатта Кыргызстан Орусияга таянарын билдирди:

- Орусияга карай багыт алды деген сөздөрдү мен башка жактан келген коноктордон да угуп жатат. Ошол эле Европа Биримдигинен келгендер да айтууда. Биздин коңшубуз Орусия. Бардыгын ойлонуп, багыт алыш керек да. Анын үстүнө Орусия, Казакстан менен бизде бир дагы чечилбей турган талаш сөз жок. Келечекте да талаш турган эч нерсе болбойт. Бизге жаныбызда тура турган, керек болсо душмандар менен атыша турган бирөөлөр керек. Азыр биз буга жалгыз жарабайбыз. Ачык айтканда энергетикадагы абалдай эле көрүнүш бардык жакта.Ошондуктан муну да ойлонуш керек.

Алмазбек Атамбаев Орусияга ымаласын шардана кылуу менен катар кош стандарттуу жана убада кылган жардамын бербей жатат деп Батышка сынын жолдоду. Сөз Европа бере турган 15 млн. доллар жөнүндө болгон.

Президенттин бул кескин сөздөрү Батыш менен мамиле бузулду, көп вектордуу саясат токтоду дегендей таасир калтырат. Бирок Кыргызстан тышкы саясатта бардык өлкөлөр менен кызматташууну уланта беришинде шек жок. Муну ошол эле Атамбаевдин Германияга сапарынан баамдасак да болот.

Ал эми Орусияга таянууга келгенде ал көбүнчө коргоо жана коопсуздук жагына байланыштуу болуп жатканы байкалат. Муну президент Атамбаевдин Орусиянын дагы бир аскердик базасы өлкөнүн түштүк регионунда жайгашса жаман болбойт эле деген сөзү, Бишкектин Москвадан ири өлчөмдө курал алуу аракети да тастыктап турат.

Мына ушул ЖККУнун алкагындагы коопсуздук жана коргоону келишимдерине жараша АКШнын "Манастагы" Транзиттик борбору да 2014-жылдан кийин ишин токтотмокчу.

Саясат таануучу Марс Сариев Кыргызстандын тышкы саясатында экономикалык кызыкчылык үстөмдүк кыла баштады дейт:

- Кыргызстан саясатта экономиканы биринчи орунга коюп жатат. Анткени экономикада кырдаал аябай начар. Чын эле Орусия биздин энергосекторго көңүл бурду. "Газпром" келатат. Курал жагынан, аскерий жактан жардам берүүчү чоң план бар.

Экономикалык кызыкчылыкка жараша Кытай менен мамиле түзүлүүдө. Учурда Бээжиндин насыялары менен Кыргызстан ири жана маанилүү энергетикалык долбоорлорду турмушка ашырып жатат. Кезекте Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолу турат.

Батыш тарап да Кыргызстанга жардамын аяган жок. Бирок ал жардамдар көбүнчө мамлекеттик институттарга багытталып, анын кайтарымы элге байкалган жок. Экономикага жугуму аз. Ал эми Кытай жана Орусия сыяктуу Батыштын чыныгы атаандаштары менен Кыргызстан конкреттүү экономикалык долбоорлорду турмушка ашырууга киришүүдө. Мына ошондуктан да Кыргызстандын тышкы саясатында басым кайда коюлуп жатканы ачык байкалууда.

Ички саясатта президент баарын колуна алат

Президент Алмазбек Атамбаев 24-декабрдагы маалымат жыйынында ички саясатка байланыштуу да билдирүүлөрдү жасады. Бул билдирүүлөр сентябрдагы өкмөттүн алмашуусу менен Кыргызстанда реалдуу бийлик президенттин колуна топтолду деген саясатчылардын баасын бышыктагандай болду.

Бирок Кыргызстан Конституциясы бийликти бөлүштүрүүгө негизделген. Анткени бир президенттин чексиз бийлиги өлкөнү коррупция, кризис, мыйзамсыздык жана бийликти узурпациялоого алып келди деген жүйө менен азыркы Конституция кабыл алынганы маалым.

Азыркы бийлик мына ошол принциптерди буза баштады дейт оппозициялык саясатчылар. Маселен, президенттин Апрель ыңкылабында пикирлеши Азимбек Бекназаров:

- Президент менен Жогорку Кеңеш Конституция көрсөтүлгөн ыйгарым укуктардан чыга албайт. Конституциянын 64-74-беренелердин акыркы бөлүмдөрүндө ошентип жазылган. Ушул Конституцияда көрсөтүлгөн ыйгарым укуктарга ээ деп белгиленген, а Бакиев, Акаевдин убагында ушул Конституцияда жана мыйзамдарда көрсөтүлгөн ыйгарым укуктарга ээ деген болгон. Азыркы Баш мыйзамда мыйзамдарда деген сөз жок. Ал эми булар жалаң мыйзамдар менен (ыйгарым укуктарды) токуп алып жатат. Андан ары жардыктар менен алып жатат. “Жол картасында” да ошентип жазып коюптур. Конституцияда баары жазылган эмес деп жатышат. Анда эмнеге башында укуктук мамлекет курабыз дегенбиз? Өнүгүүнүн бирден-бир негизи мыйзамдуулук деп жатат. Ал эми мыйзамдуулук болуш үчүн биринчи кезекте президент өзү мыйзамдуулукту сакташ керек.

Азимбек Бекназаровдун айтымында, эгерде Алмазбек Атамбаев ыйгарым укуктарын кеңейткиси келсе, анда референдум жарыялаш керек. Мурунку президенттер формалдуу болсо да референдум жарыялап, андан кийин ыйгарым укуктарын кеңейткен.

Президент Атамбаев маалымат жыйынында мындан ары экономика, шайлоо, энергетика жана башка иштерге кийлигишерин билдирди:

- Мен ойлодум эле парламенттик өлкөлөрдөгүдөй сырттан байкап турайын деп, бирок туюшумча соңунда жооп берүүчү мен болуп калат экем. Ошондуктан мен экономикага, коргоо маселесине, ал гана эмес шайлоолорду өткөрүүгө да киришем. Менде башка айла жок. Бишкектин же башка шаардын маселеси болобу, алар менен да иштешүүгө туура келет.

Белгилүү юрист Мукар Чолпонбаев президентке Конституция андай укуктарды берген эмес дейт:

- Конституцияда президентке андай ыйгарым укуктар берилген эмес. Экономикага кийлигишсин деген жок. Демек Конституцияны бузуп жатат.

12-май, 2010-жыл, Бишкек
12-май, 2010-жыл, Бишкек
Президенттик аппараттын укуктук камсыздоо боюнча бөлүмүнүн башчысы Анарбек Исмаилов парламент жана өкмөт экономикалык программаларды түзө албагандыктан, президент өзүнө жоопкерчиликти алды дейт. Ал эми президенттин экономикага кийлигишем деген сөзүн Исмаилов мындай түшүндүрдү:

- Бул мыйзамдын негизинде киришем деген нерсе. Президент азыркы убакытта мыйзам чыгаруу жараянына кийлигишип турат. Себеби Жогорку Кеңештен келген мыйзамдарга кол коёт. Ошол мыйзамдар боюнча ой-пикирин айтканга да укуктуу. Маселен, вето коёт. Ошону менен мыйзамдар күчүнө кирет. Ошонун баарын эске алып, ошол эле деңгээлде кийлигишет. Азыркы Конституциянын атасы Өмүрбек Текебаев да президент Конституцияны бузбады деп эсептейт.

Кумтөр көкбөрүсү

Оппозициялык “Ата Журт” фракциясы Кумтөр маселесин негизги темага айлантууну көздөгөнү маалым. Бул фракциянын лидери Садыр Жапаров Кумтөр боюнча депутаттык комиссияны жетектеп, ал комиссия кенди улутташтыруу сунушу менен парламентке чыккан. Кенди кайтаруу талабы менен 3-октябрда болгон митинг бийликти басып алуу аракети менен коштолуп, анын айынан үч депутат камакта отурат.

Кумтөр маселесин оппозициялык “Эл үнү” кыймылы да көтөрүп, кен боюнча түзүлгөн келишимди бузуу талабын коюп жатат. Бул үчүн 10 миң адамдын колун топтоп, парламентке да жолдоду. Эми парламент аны кароого тийиш.

Бирок бийлик да Кумтөр маселесин колго алып, мамлекеттик комиссия түзгөн. Экономика жана антимонополдук саясат министри Темир Сариев башында турган ошол комиссия текшерүүсүн аяктап, корутундусун жарыялады. Анда кен боюнча түзүлгөн келишимди кайра карап чыгуу сунушталды. Албетте бул сунуш Садыр Жапаров талап кылган улутташтыруудан, “Эл үнү” талап кылган келишимди бузуудан жумшагыраак. Бирок ал "жабылуу аякты жабылуу бойдон калтырууга" жол бербейт. Ошондуктан оппозициянын демилгесин колдон алып, Кумтөр боюнча нааразылык маанайды азайтууга жардам берет дейт талдоочулар.

Комиссия төрагасы Темир Сариевдин айтымында, 2009-жылкы келишимде кыргыз бийлигинин ыйгарым укуктары чектелип калган. Ошондуктан келишимди кайра карап чыгуу сунушталды:

- Кыргыз өкмөтүнө Центерра голд компаниясы менен Кумтөр боюнча 2009-жылкы келишимди кайра карап чыгуу боюнча сүйлөшүү жүргүзүү сунушталсын. Экология үчүн бөлүнгөн каражат көбөйтүлсүн. Кен иштетүү аяктагандан кийин калдыктарды рекультивациялоо толук жасалууга тийиш, салыктар толук төлөнүш керек.

Сариевдин айтымында, бул талаптар аткарылбаса, анда Кыргызстан Кумтөр боюнча 2009-жылкы келишимди жокко чыгаруу, салык төлөө шартын өзгөртүү, инвестициялык келишимдерди токтотуу иштерин башташ керек. Башкы прокуратура Кыргызстан үчүн ыңгайсыз келишимди түзүүгө тиешеси барларды иликтөөгө киришүүгө тийиш.

Эгерде "Центерра голд" мамлекеттик комиссиянын сунушуна көнсө, Кыргызстанга төлөнө турган салыктын көлөмү өсөт дейт Сариев:

- Ушул өкмөт мамлекеттик комиссиянын сунуштарын кабыл алып, Центерра менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, биздеги бардык мыйзамдардын чегинде иштейсиң десе, анда алар 13 млрд. 48 млн. сом, же болбосо 4 млрд. 895 млн. сомго көп төлөп калышат.

Комиссия ошондой эле "Центерранын" жетекчилигинде Кыргызстандын позициясын күчөтүүнү, "Кумтөр оперейтинг компани" өңдүү ортомчу компанияларды жоюуну да сунуштады.

Мамлекеттик комиссиянын курамында принципиалдуу башка позиция менен чыккандар да бар. Маселен, техника илимдеринин доктору Шергазы Мамбетов "Центерра" менен келишимди бузуп, жаңы келишим түзүүнү жактайт. Жаңы келишимде тараптар казып алынган алтынды бөлүшү керек.

Бул сунуш тийиштүү мыйзамдардын жоктугуна байланыштуу кабыл алынбасы айтылууда.

Эми мамлекеттик комиссиянын корутундусун өкмөт карап, андан кийин парламентке жөнөтүлүш керек. Ал эми "Центерранын" жетекчилиги корутундуга өз баасын жана реакциясын билдире элек.

Кыргызстан учактарынын коопсуздугу бекемби?

Кыргызстандын авиация коопсуздугу “Азаттыкта” арай көз чарай талкууланды. Буга казакстандык аскерий учактын кыйрашы себеп болду.

Чымкент шаарынын жанында АН-72 үлгүсүндөгү аскерий учак кулап, Казакстан 27 мыкты азаматынан айрылды, Чек ара кызматынын кызматкерлери мерт болду. Казакстандыктар аза күтүп, эл-журтуна көңүл айтуулар ар кайсы мамлекеттерден, анын ичинде Кыргызстандан да жолдонуп жатат. “Азаттыктын” журналисттери да учурдан пайдаланып, маркумдардын жакындарына, казак журтчулугуна көңүл айтат.

Албетте бүгүнкү ааламдашкан, аба каттамдарысыз иш жылбаган заманда бул өңдүү окуялар - ар бир өлкөгө сабак. Кыргызстанда бүгүнкү аба транспортторунун абалы кандай? Бул багыттагы талкууга Транспорт жана байланыш министрлигинин алдындагы жарандык авиация департаментинин учуулардын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын башчысы Сталбек Шаршеев, Коргоо министрлигинин байкоочу кеңешинин төрагасы Токтогул Какчекеев, авиация иштери боюнча эксперт Маматназар Жакыпбаев катышты.

“Азаттык”: Токтогул мырза, албетте, бизде АН-72 үлгүсүндөгү аскерий учак болбосо керек. Бирок кезинде Фрунзе-1 аэродромунда бир топ аскерий учактар бар эле, чет өлкөлүктөр машыгуучу жай болгон. Анын баары сатылып, уурдалып кеткендиги айтылып келатат. Бүгүнкү Кыргызстандын аскерий авиациясы тууралуу эмне айта аласыз?

Токтогул Какчекеев: Чынында эле сиз белгилеп кеткендей, Кыргыз мамлекетинин аба күчтөрүнүн учактарынын баары “Канат” деген программанын негизинде кезинде сатылып кеткен. Эскисин сатып, жаңысын алып келебиз деген шылтоо болгон. Чынында жаңы учак да келген жок, эскилери үч полктун негизинде кеткен. Ошол бойдон Кыргыз мамлекети 1999-жылы ислам диний кыймылы Баткенге кирген убакытта учаксыз калгандыгыбыз элге белгилүү. Тик учактар деле эскирип кеткендигине байланыштуу экөө сууга түшүп, авария болуп, Кудай жалгап, аскерлерибиз аман калган. Ошондуктан бүгүн куралдуу күчтөрдүн толук кандуу авиациясы жок десек жаңылбайбыз. Орусиядан жардам катары келгендердин саны аз.

Талкууну толугу менен бул жерден угуңуз:



“Азаттык”: Канча, айта аласызбы?

Токтогул Какчекеев: Алты тик учагыбыз бар. Ал эми Л-39 деген машыгуучу учагыбызды учурууга май жок. Куралдуу күчтөргө учак сатып алганга кудуретибиз жетпейт. Аскердик авиация жөнүндө сөз болбошу керек. Биз тактикалык жургүнчүлөрдү ташыганга ЖККУнун кызыкчылыгын аткарган Орусиянын авиабазасы жайгашкан Кант аба майданын пайдалангандан, жанагы алты тик учакты учургандан башкага биздин кудуретибиз жетпейт. Ошондуктан аскер учагынын жоктугу коопсуздук маселесинин да жоктугуна далил болот...

Кээ бир убактарда биз жарандык авиациядан да пайдаланууга мүмкүндүк алабыз. Ал азыр акырындан өнүгүп келатат. Лизинг менен Боинг классындагы жакшы учактар, жаңы учактар келип атат. Булар аздык кылат...

Сталбек Шаршеев: Кыргыз авиапаркы, буйруса, чын эле жаңыланып келатат. Союз кезиндеги учактарды авиакомпаниялар колдонбой калышты. Бизде “Кыргызстан” авиакомпаниясында эле бир Ту-154 учагы калды. Аны да абдан сейрек колдонушат. Батышта жасалган учактарды алып жатабыз. Батыш стандарты менен жасалган учактар талаптарына баа берилген учактар деп чыгарылат.

Биздин авиакомпаниялардын 95-97 пайызы толук батыш техникасын пайдаланууга өткөн деп айтсак болот. Аскерий тармактар менен кызматташуу жагынан Коргоо министрлиги менен макулдашылган ишибиз бар. Аба кыймылын башкаруу борборунун бир бөлүмү Коргоо министрлигине караштуу. Алар биз аркылуу учабыз деген учактарды аскерий тартипте, биз жарандык тартипте эки жактуу текшерип, тескейбиз.

Маматназар Жакыпбаев: Кырсык болбойт деп эч ким кепил боло албайт. Ошондуктан ошо Казакстанда кырсыктаган адамдардын жакындарына көңүл айтабыз.

Эми мына учактар паркы боюнча Сталбек мырза айтып кетти. Чынында бизде эски, себептерин карабай эле кырсыктан кийин "кап" деп калабыз. “Өрттү өчүргөнгө караганда, алдын алган оңой” деген сөз бар.

2006-жылы кыргыз авиациясы кара тизмеге кирдик. Кириш оңой экен, мына бүгүнкү күнгө чейин чыга албай атабыз. Эмне үчүн бүгүнкүгө чейин ошол учурда авиациянын башында кимдер турган, эмне себептен кирип калдык, чыгаруу үчүн эмне кылышыбыз керек, мамлекет кандай колдоо көрсөтүш керек, авиакомпаниялар эмне иш кылыш керек деген жөнүндө мамлекеттик деңгээлде маселе көтөрүлбөй атат.

Сталин "бардыгын кадрлар чечет" дегендей, кесипкөйлөрдү алып келиш керек, авиакомпанияларга, агенттиктерге. Биз ушул кесипкөй десе эле диплому авиатор же учкуч болуш керек дегендин тегерегинен чыга албай атабыз. Жок, жетекчи деген күчтүү менеджер болуш керек.

Жаңы жылды жаңы жерде

Өкмөт 2013-жылдын алгачкы аптасы адаттагыдай эле эс алуу күндөр болорун жарыялады. Албетте көптөгөн кыргызстандыктар Жаңы жылды жана аны улай эс алуу күндөрдү үйүндө өткөрүп, күн мурунтадан даярдалган тамактарды четинен жеп, сыналгы көрөт. Бирок баары эле жамбаштап үйүндө жатпаса керек.

Кыргызстанда жаңы жылдык каникулда үйдө конок тосуп отурбай, ары-бери чыгып, активдүү эс алгандардын саны жогорулап бараткандай. Андайларды ички жана тышкы туризмге ынтызар салгандар деп экиге бөлсөк болот. Анда эмесе чет жакта эс алууну тандагандардан баштайлы.

Күн, жээк жана деңиз...

Жаңы жыл жакындап келатканда Бишкектеги саякат агенттиктердин иши кайнайт. Анткени колунун келишинче акча топтогон кыргызстандыктар жакшы жана эсте калгыдай эс алуу саякатын караштыра баштайт. Төгөрөктүн төрт бурчуна сапар алуу мүмкүнчүлүгү бар болгонуна карабай, көбү Түштүк Азия каттамдарын тандашат.

Түштүк Азия болсо өтө кең мейкиндик эмеспи, бири-бирине окшобогон, көп түрдүүлүгү менен айырмаланган өлкөлөр орун алган.

"Зарубеж.кг" саякат агенттигинин аткаруучу директору Елена Липскаянын сөзүнө караганда, эң көп жолдомо Бириккен Араб Эмираттарына алынат, андан кийинки орундарда Тайланд, Малайзия, Индонезия, Кытайдын Хайнан аралы турат.

- Эмне үчүн биздин кардарлардын көбү Араб же Түштүк-Чыгыш Азия өлкөлөрүндө эс алууну жактырышат? Анткени ал жакта күн жылуу, сууга түшсө болот. Тайланд, Малайзия, Индонезияга экзотика үчүн, ал эми Араб Эмираттарына белгилүү маркалардын кийим-кечесин сатып алууга барышат. Бул өлкөлөргө баруу анчейин деле кымбат эмес, бир кишиге 800 доллардан туура келет. Бул сумманын ичине учактын билети, жатакана, трансфер, медициналык камсыздоо жана виза баасы кирет. Анын үстүнө бул өлкөлөргө виза алуу маселеси жеңилдетилген.

Мындан сырткары бул жылы Индия, Шри-Ланка, Малдив жана Сейшел аралдарын тандагандар саны мурдагыга салыштырмалуу кыйла көбөйүптүр.

Европаны тандагандар аз

Ал эми кышкы каникулду АКШ менен Батыш Европада өткөрүүнү каалагандар сейрек кезигет экен. "Кыргыз концепт" компаниясынын тышкы туризм боюнча адиси Асел Асымбаева анын себептерин атады. Түз авиакаттам дээрлик жок болгондуктан, саякат баасы кыйла кымбат, киши башына кеминде 1700 евродон башталат. Шенген визасын алуу да кыйын жана дегеле Европада ары-бери турган-басканы кыргызстандыктар үчүн кымбат. Анан да суук жерге баргандан көрө жылуу Түштүк Азияга барганды жактырышат. Ошентсе да Италияга, Францияга жана Испанияга жолдомо алгандар да бар экен.

- Жыл сайын эс алгандардын саны жогорулап баратканы байкалат. Бул элдин саякатка чыгууга ашыкча каражаты бар болгонун жана көр-жер алгандан көрө эл-жер көрүп, чочун маданият менен таанышууга ынтызар экенинен кабар берет.
Мындан тышкары кээ бир кардарлар Африка жана Түштүк Америка өлкөлөрүнө саякат уюштуруп берүүнү сурап келишет, "бирок виза маселеси мындай демилгелерди ишке ашырууга тоскоолдук кылууда", - деп саякат агенттиктердин өкүлдөрү өкүнүшөт.


Жаңы жылдык танапис маалында чет жакта эс алуу үчүн колунда бар ишкерлер да, бир нече айлык маянасын топтоп алган жаштар да көп. Учурда эки кишилик же үй-бүлөлүк турду бир-эки ай мурун сатып алышат. Кардарлардын көбү Бишкектин эле тургундары болсо да, Оштон жана башка аймактардан бир-экиден кезигет.

Кыргызстанда да эс алса болот

Ал эми өлкөдө калган кыргызстандыктардын бир бөлүгү эс алуу күндөрүн тоого чыгып, лыжа тепкенге коротсо, башкалары Ысык-Көлдүн жээгиндеги санаторийлерде тынч өткөрүшөт.

"Муза трэвэл" ишкананын ички туризм боюнча адиси Алибек Рахматуллаевдин айтымында, жергиликтүү элдин басымдуу бөлүгү саякат агенттиктерге кайрылбай эс алат.

- Биздин кардарлардын 85 пайызы чет өлкөлүктөр, 15 ашып кетсе 20 пайызын гана жергиликтүү эл түзөт. Кызмат акысына токтолсок, биз сунуш кылган лыжа базаларында эки күн эс алуу үчүн бир киши 400-500 доллар төлөйт. Бул биздикилер үчүн кымбат болушу мүмкүн, ал эми казактар менен орустарга кадыресе баа. Жергиликтүү эл көбүнчө шаар четине же тоого жакын жашаган туугандарынын үйүнө барып, чөнтөгүнө жараша эс алат.

Кыргызстанда жаңы жылдан кийин эс алуу салты СССР курамына киргенден кийин башталган. Мындай салт Батышта жок, анткени алар Рождествого карата 24-декабрдан баштап Жаңы жылга чейин эс алып, андан кийин кадимкидей иштей беришет.

Кыргызстанда болсо иш жумасы 2013-жылдын 8-январында башталат. Ага чейин болсо жаңы жылдык эс алуу күндөрдү чет өлкөдө күнгө кактанып өткөрөсүзбү, же Кыргызстандын тоолорунда чана тебесизби, же үйдө диванда телевизор көрөсүзбү, айтор көңүлүңүзгө төп келсе эле болду.

Бжезинский: ЕврАзЭШтин келечеги жок

Жакында СССРдин кулашын алдын ала айткандыгы үчүн зор атак-даңкка ээ болгон, азыркы учурдагы эң белгилүү саясий аналитиктердин бири катары саналган Збигнев Бжезинский Орусия жөнүндө, Путиндин ички жана тышкы саясаты тууралуу, анын ичинде бир катар мамлекеттер мүчө болуп кирген Евразия шериктештиги, Бажы союзу тууралуу өз пикирин “Коммерсантъ” гезитинде билдирди.

“Азыркы Орусиянын негизги проблемасы—мамлекеттик суверенитетин сактап калуу”,- деп билдирди З.Бжезинский. Мунун биринчи себеби катары ал Путин өзү тымызын колдоп жаткан ашынган улутчулдукту, бири да чечилбей жаткан ички проблемаларды, мурунку Советтер Союзун ордуна келтирүү үчүн жасалып жаткан курулай аракеттерди атады.

“Ойлоп көрөлүчү, Евроазия союзуна ким кириши мүмкүн?—дейт З.Бжезинский.—Н.Назарбаев жетектеген Казакстанбы? Н.Назарбаев ансыз деле Батыш менен Чыгыштын ортосунда, Кытай менен Орусиянын ортосунда эч бирине жаман көрүнбөй жакшы жашап келатат. Же Өзбекстанбы? И.Каримов аман-эсен турганда Өзбекстан бул сыяктуу шериктештикке эч качан кирбейт, анткени өзбектерде мамлекеттүүлүк жана көз карандысыздык сезими абдан күчтүү. Украина деле Янукович башында турганда эч кимди өз территориясына киргизе койчу түрү жок”,--дейт Збигнев Бжезинский.

Кыскасын айтканда, бул союзга киргенге эч кимдин деле каалоосу жок экенин, киргендер да таптакыр айласы кеткенден улам кирээрин, ошондуктан бул союздун эч бир келечеги жок экенин билдирди америкалык ойчул. Ал эми Орусиянын гүлдөп-өнүгүшү биринчи кезекте Батыш менен кызматташуу, Кытайга алданып калбоо, демократиялашуу, дейт З.Бжезинский.

Айткандай эле атактуу саясий аналитиктин алдын ала айткандары турмуштун чындыгы менен бекемделүүдө. “Независимая газета” жакында өткөн Евразия шериктештигинин Москвада өткөн саммитине эң акыркы мүнөттө Украинадан В.Янукович келбей койгонун жазды. Көрсө, Бажы биримдигинин келишимине бул жолу да кол койбой турганын уккан орустар, Януковичти келбей эле коюңуз деп кабар жиберишиптир. Албетте бул саммитке Ислам Каримов да басып келген жок. Келмек тургай, бардык регионалдык уюмдардан чыгып кетти. Азербайжан да бул саммитке катышкан жок.

Ошону менен бирге аналитиктердин арасында бул Бажы шериктештигинен ким пайда көрөт, ким утуш алат деген суроо пайда болууда. “Газета.ру” аттуу интернет сайтында азырынча бул шериктештиктен негизинен аткезчилер гана пайда көрүп, Орусияга жең ичинен келген товарлар улам көбүрөөк тарай баштаганын жазды. “Бажы союзу мамлекеттик деңгээлдеги контрабанданы гана күчөттү”- дейт “Газета.ру. Себеби Казакстандын чек араларынан Кытайдан алып келинген арзан товарлар Орусияга азыр эми эч кандай тоскоолсуз өтүп, орустардын экономикасына эмитен эле катуу зыян келтирип жатыптыр. Башкача айтканда, бул шериктештиктен пайда көргөн азырынча казактар менен белорустар экен да, зыян тарткан орус экономикасы имиш. “Контрабанданы токтотуу үчүн Казакстан менен Беларус тышкы чек араларын да Орусиянын көзөмөлүнө бериши керек, а буга бул эки мамлекет эч качан барбайт”, деп жазат “Газета.ру”.

Дүйнөлүк басма сөздө 21-декабрда болот деп кабарланган “акыр заман” тууралуу да көптөгөн маалыматтар жарыяланды. Американын Бостон шаарынан чыккан Boston Herald “акыр заман кечеси” деген кечеде акыр замандын келишин күткөн бир нече адам керек болсо өзүн өзү өлтүрүүгө даяр болуп, акыры бир киши октон каза тапканын билдирди. Көрсө, “акыр заман” болооруна чындап ишенген адамдар дүйнөнүн бардык жерлеринде, айрыкча кризис шартында жашаган өлкөлөрдө өтө көп экен. Маселен, Интерфакс агенттиги жалаң Москва менен Подмосковьеде кийинки убакта баары болуп 1.5 миллионго жакын атайын бункер курулуп, аны курган көптөгөн курулуш компанияларына жакшы иш табылып, зор пайда тапканын жазып чыкты.

Деле азыркы кризистер заманында олуялар менен машаяктарга, ар кандай көзү ачыктар менен нострадамустарга кызыгуу эң жогорку чекке жетти көрүнөт. Буга психикасы туруктуу эмес, билими тайкы адамдар айрыкча көп туш болоору байкалууда. Бирок чындап эле илимий негизде көп нерселерди алдын ала айткан окумуштуулар менен ойчулдарды буларга кошпоо керек, дейт Лондондон чыккан The Economist журналы. “Арабдардын тополоңу дагы канчага созулат?” деп аталган макалада эки жылдан бери токтобой аткан араб дүйнөсүндөгү революциялар менен тоз-тополоңдорду мындан туура алты жүз жыл илгери атактуу араб ойчулу Ибн-Халдун айтып кеткени тууралуу сөз болот. Ибн-Халдун англис тарыхчысы Арнольд Тойнби менен орус тарыхчысы Лев Гумилевдон мурун эле адамзаттын тарыхы толкун сыяктуу алмашып, цикл түрүндө өнүгөөрүн жазган экен. Ошону менен бирге араб ойчулу бийлик башына келген династиялар орто эсеп менен үч муун алмашкыча мамлекет башкараарын, ошол убактын ичинде ал династиялар таптакыр ирип-чирип бүтөөрүн, андан соң алардын ордуна тазамын, акмын дегендер келээрин, бирок алар да ошол эле жолго түшөөрүн айтып кеткен экен.

Ошондуктан, дейт The Economist журналы, араб дүйнөсүндөгү асты революция менен аяктап, арты ич ара согуш менен уланып жаткан “араб көктөмү” дагы канча созулаарын эч ким айта албайт. Кезекте бери болгондо элүү жылдан бери королдук бийлик астында жашаган дагы бир араб өлкөсү Иордания, ошол эле сыяктуу династия башкарган Кувейт, андан соң Марокко, Бахрейн менен Сауд Аравиясы турат. Бул мамлекеттерде эл нааразылыгы күчөп, кезек-кезек көчөгө чыгып, араң эле чыдап турушат, дейт The Economist журналы.

Демек “араб көктөмү” кийинчерээк гана куйкалаган ысыкка айланып, андан соң күзгө ыктап, ошондон кийин кычыраган кышка айланат сыяктанат...

Каламбекова: Кыргызстан бир өлкөнү карап калбайт

Кыргызстандын тышкы саясаттагы багыты тууралуу Британия жана Ирландиядагы мурдагы элчи Бактыгүл Каламбекова ой бөлүштү.

- Президент Алмазбек Атамбаевдин Орусияга ыктаган соңку билдирүүлөрүнөн кийин Кыргызстан көп вектордуу тышкы саясаттан баш тартты деп айтууга болобу?

- Жылдын жыйынтыгын чыгаруудагы президенттин маалымат жыйынында айтылган сөздөргө таяна турган болсок, анда биз көп векторду тышкы саясаттан кетип, жалгыз вектордуу саясатка өттүк деген ойду уккан жокмун. Андай нерсени сезген да жокмун.

Тигил же бул өлкөнүн тышкы саясаты эң оболу анын географиясына, тарыхына жана маданий дөөлөттөрүнө таянат. Кыргызстан өзү континенттин ичинде жайгашкан мамлекет. Деңизге чыгыш жолубуз жок. Бирок биздин географиябыздын бир артыкчылыгы бар. Биз тогуз жолдун тому дегендей, транзиттик коридорго ыңгайлуу шартта турабыз. Мына ушуну тышкы саясатыбызды аныктаганда көңүлдүн борборуна тутуп келебиз.

- Азыр Орусиядагы бийлик авторитардык деп сынга кабылып келет. Эми Орусияга жүзүн бурган Кыргызстанга Батыш өлкөлөрүнүн мамилеси солгундап калбайбы?

Бактыгүл Каламбекова
Бактыгүл Каламбекова
- Андай деп ойлоонун зарылчылыгы жок. Тышкы саясат деген өзү бир аз консервативдүү, тагыраак илимдерге кирет. Орусия деле бизге окшоп мындан 22 жыл мурда өзүнүн көз карандысыздыгын алды. Дүйнөдөгү чоң державанын укук мурасчысы болуу оңой эмес. Мына ушундай мамлекеттин ар бир аракети эл аралык коомчулуктан көңүл борборунда турат. Бул өлкөнүн өз жолун издегенине түшүнүү менен мамиле кылгандар же андан кынтык издегендер болушу мүмкүн. Бул боло жүрчү көрүнүш.

Президент Орусияны ишеничтүү, жаныбызда турган, зарыл болгондо колдой турган өлкө катары сыпаттап жатпайбы. Бул менен президент мамлекеттин башчысы катары, Конституцияга ылайык тышкы саясатты аныктаган киши катары приоритеттерди коюп жатат. Бул деген векторду толугу менен өзгөртүп жиберди деген сөз эмес.

- Анда Кыргызстан альтернативдүү стратегиялык өнөктөш катары дагы кайсы өлкөлөр менен мамилени жакшыртса болот?

- Биз бир эле өлкөнү карап калбайбыз. Орусия менен экономикалык, аскердик, техникалык жактан тыгыз байланыш болуп жатат. Ар бир чечимдин, келишимдин өзүнүн бедели бар. Келишим түзгөндө ойго тута турган нерсе – анын саясий жана экономикалык жактан пайдалуулугу. Мына ушул жактан алып караганда, биз стратегиялык өнөктөштөрдү алыстан да, жакындан да тандай алабыз. Алар ар башка тармактардан болушу мүмкүн. Стратегиялык өнөктөштүк бул догма эмес. Ал өзгөрүп, байып турчу өзгөрүүнүн жолу.

- Маегиңизге рахмат.

Чымкентте Чек ара кызматынын жетекчилери түшкөн учак кыйрады

Чек ара кызматынын директору полковник Турганбек Стамбеков. (Сүрөт 26.06.2012-жылы тартылган)

Казакстандын Чек ара кызматынын жетекчиси полковник Турганбек Стамбеков баш болгон 27 киши авиакырсыкта көз жумду.

Казак Улуттук коопсуздук комитетинин маалыматы боюнча 25-декабрдын кечинде Чымкент шаарынын аба майданынан 20 чакырым жерде Улуттук коопсуздук комитетинин Чек ара кызматынын учагы кырсыкка учурады.

Астана-Чымкент багытындагы АН-72 үлгүсүндөгү учакта 20 аскер кызматкери жана экипаждын 7 мүчөсү болгон. Алардын арасында Казакстандын Чек ара кызматынын жетекчисинин милдетин аткарган полковник Турганбек Стамбеков дагы бар эле.

«Азаттыктын» казак кызматынын кабарчысы Астанадагы Чек ара кызматынын кеңсеси менен байланышканда учактагы 27 адамдын арасында «тирүү калганы жоктугу» айтылды.

Казак жана орус маалымат агенттиктери учактагы адамдардын бардыгы набыт болгону тастыкталганын кабарлашты.

Кырсык болгон жерде атайын иштер жүрүүдө, кыйраган учактын куйругу гана калган. Окуя болгон жерге журналисттер менен медиктерди өткөрбөй тосуп салышканын tengrinews.kz маалымат сайтынын кабарчылары Түштүк Казакстандын Сайрам районунан маалымдашкан.

“Азаттыктын” кабарчысынын айтымында, учак жерге түшө электе, абада баратканда эле талкалана баштаган. Ал Сайрам районунун Сайрам айылынан төрт чакырым ыраак жерге барып түшкөн. Сыныктары 10-15 чакырым аралыкка чачыраган.

Улуттук коопсуздук комитетинин соңку маалыматына караганда, АН-72нин ичиндегилердин баары мерт болгон. Алардын арасында Чек ара кызматынын башчысы, анын жубайы, аймактык башкармалыктын командирлери да бар болчу.
Каза тапкандардын тизмеси расмий жарыяланды:

Чек ара кызматынын башчысы полковник Стамбеков Турганбек Мухаметкалиевич

Чек ара кызматынын башкы башкармалыгынын жетекчисинин милдетин аткаруучу полковник Нурлашев Ергали Нургазинович

«Оңтүстік» аймактык башкармалыктын жетекчисинин милдетин аткаруучу полковник Доценко Павел Михайлович

«Оңтүстік» аймактык башкармалыктын жетекчисинин орун басары полковник Базарбаев Кайрат Күлкешевич

Бөлүм башчы полковник Кабдылгазезов Канатбек Токтарбекович

Башкармалык жетекчиси полковник Махаев Ерлан Мейрамбекович

Улук консультант подполковник Дмитриев Александр Игорьевич

«Ленгер» чек ара көзөмөл бөлүмүнүн штаб башчысы подполковник Кущь Валерий Николаевич

Батальон командири подполковник Кожахметов Бауржан Заркумович

«Мерке» чек ара көзөмөл бөлүмүнүн башчысы майор Ибраев Алмаз Шаймухамбетович

Комендант подполковник Досыбеков Саулебай Сатыбалдиевич

«Оңтүстік» аймактык башкармалыгынын отряд башчылары жана жоокерлери:
подполковник Рахман Вячеслав Александрович,
подполковник Рахман Александр Александрович,
подполковник Мухамадиев Кайрат Ахметкалиевич,
подполковник Шуканов Аманбек Пердешбекович,
подполковник Айтманбетов Асуан Бакбергенович,
улук лейтенант Филипко Анатолий Олегович,
улук сержант Конакбай Максат Жумабайулы,
кенже сержант Вязиков Павел Константинович.

Стамбекова Сауле Айтмуханбековна

Экипаж:
командир – майор Нурахметов Марат Турсунович,
штурман – майор Голубев Олег Александрович,
улук бортмеханик – капитан Усенов Марат Еркенович,
командирдин жардамчысы улук лейтенант Лукпанов Аслан,
улук бортмеханик – прапорщик Вологжанин Александр Петрович,
улук бортмеханик – сержант Мысаев Ренат Канапиянович,
бортпроводник – сержант Доланбаева Гульнур Жунисовна.

Мирзохалим Каримов - эки элге көпүрө жазуучу

Кыргызстанда кыргызча ойлонуп, чыгармаларын кыргыз тилинде жазган бир эле тажик жазуучу бар - Мирзохалим Каримов. Алтымышка толуп, торколуу тоюн өткөргөнү турган жазуучу чыгармачылыгындагы жаңылыктар тууралуу ой бөлүштү.

Мирзохалим Каримов Тажикстанда туулуп, өсүп, чыгармачылык жолун Кыргызстанда баштаган. “Кыя жолдор”, “Зындан”, “Кара-Тегин”, “Мажүрүм тал”, азыркынын ысырапкорчулугун сындаган “Түйшүк” жана башка өңдөнгөн чыгармалардын автору, эки улутка көпүрө катары кызмат кылып келет.

“Азаттык”: Жакында Кыргызстанда жана Тажикстанда алтымыш жылдык мааракеңизди өткөргөнү турасыз. Чыгармачылыгыңызда кандай жаңылыктарыңыз бар?

Мирзохалим Каримов: Кептин бардыгы эле жыйын өткөрүп, той бериш эмес экен. Негизи жазуучунун милдети, вазийпасы жакшы чыгарма жаратып, элдин эсинен чыкпай турган өлбөс-өчпөс эмгектерди калтыруу деп түшүнөм.

Менин туулуп-өскөн жерим – Жерге-Тал району. Тажикстан жазуучулар союзуна да мүчө болуп кабыл алышкан, алар алтымыш жылдыгыңызды белгилешибиз керек эле деп эки-үч ай илгери айтышкан эле. Тоолуу Бадакшандагы окуяларга байланыштуу кийинкиге жылып келатат.

Мен көп эмгегимди ушул жакта, Кыргызстанда өтөдүм. Турган жерим Кыргызстан болгон менен эки өлкөнүн ортосунда иштедим. Жазуучу, чыгармачыл инсан 50 жаштан өткөндөн кийин токтолот экен. Ага чейин болбогон темаларды да жазат экенсиң. Элүүдөн өткөндөн кийин жазган чыгармаларыңды өзүң элекке салып элей баштайт экенсиң: коом эмнени окуйт, эмнени жазыш керек, окурман, коом эмени талап кылат, кайсы маселени, кандай теманы көтөрүш керек, ошого бышып жетилет экенсиң.

Маекти толугу менен бул жерден угуңуз:



Азаттык”: Азыр чыгарма жазып жатап жатасызбы? Жазсаңыз эмне жөнүндө?

Мирзохалим Каримов: “Зындан” деген бир чоң чыгармам бар эле. “Махабаттан ок жегендер” деген бөлүгү да бар. Ошол повестти жазып бүтүп, китеп кылып чыгардым. Азыркы учурда, союз тарагандан кийин элдин социалдык-экономикалык кыйынчылыкка дуушар болуусу, айрыкча жаштардын адеп-ахлагы, жүрүм-туруму, азыркы жаштардын бири-бирин алдоосу, үй-бүлө куруусу жана көзүнө чөп салуусу, деги эле көп үй-бүлөлөрдүн бузулуусу мени абдан тынчсыздандырып жүргөн эле. Ушул маселени көтөрүп жаздым.

“Азаттык”: “Түйшүк” деген аңгемеңизди окуган элем. Анда куру-намыс деп тапканын той-топурга кетирип, өздөрү ачка отурган учурду жазган элеңиз. Өзүңүз айткандай, эки элге көпүрө катары жүрөсүз. Кыргыздардын менталитетинде эмне жакпайт?

Мирзохалим Каримов: Ысырапкорчулук тажиктерде да бар болчу. 1983-1988-жылга чейин Тажикстандын кыргыз-тажик тилинде чыккан гезитте иштеп турганда адам өзүнүн эмгегин өзү баалабай тургандыгын, менменсинүү, атаандашуу дегенди, айрым тамактарды туз, нан, суудан жогору коюп, дасторконго коюп элге көрүнүүнү сезип-билдим. Ошондо ошол жакта жашаган тажик-кыргыз элин “Түйшүк” деген аңгемемди жазып, сындаган элем.

“Азаттык”: Мен билгенден бир кызыңыз сиздин жолуңузду жолдоп, азыр журналист болуп иштейт. Үйдө кайсы тилде сүйлөшөсүздөр?

Мирзохалим Каримов: Кайсы элде, кайсы мамлекетте жашабагын ошол элдин адабият, маданият, тилин, дилин сүйүшүң керек. Азыр Орусияда мигранттарды орус тилин билбесе, келбесин деп жатышпайбы. Кыргызстанда 70-80 жылдан бери жашаган орустар бар, бири да кыргыз тилин билишпейт го. Маселени кабыргасынан койо алышпайт. Андай болсо алар да кыргызча үйрөнсүн да. Мен негизи ушундай принципте жашаган адаммын.

Экинчиден, менин кызым менен балам Тажикстандан көчүп келгенде алар орусча окуп калышкан, жаныбызда кыргыз мектеп жок болчу. Анан тажикче да сүйлөшөт. Карасам орус болуп баратат. Үйгө келгенде мен кыргызча сүйлөйм, алар эшикке чыгып балдар менен орусча сүйлөшөт. Айта берип тажадым. Анан бир принципке турдум: жумуштан келгенде эгер орусча сүйлөшсө карабай, сүйлөбөй койдум. Ошентип жүрүп кыргыз тилин үйрөтүп, сактап калдым.

Көздү чачыраткан немис базары

Ысык шарап

Немистерде Рождествого чейинки төрт жекшембиде жарманке уюштуруу салты бар. Ошолордун бири Бишкекте өттү. Ага немистер менен алардын маданиятына кызыккандар чогулду.

Бишкектеги “Штайнброй” немис ресторанында алма түшөргө жер жок. Рождестволук базар болгондон кийин немистер гана чогулат го десем, келгендердин жарымы – жергиликтүүлөр экен. Баарлашып жаткандардын арасында атүгүл кытай, же жапон тили да угулат. Ресторандын ортосунда чоңдор менен балдар тегерекке чогулуп алып ырдап атышыптыр.

Рождестволук базар негизинен католик жана лютеран немистердин салты болсо да, дүйнө жүзү боюнча бул иш-чарага башкалар деле катышып, көңүл ачып кетип турат. Рождество же Иса пайгамбардын туулган күнү 25-декабрда майрамдалат. Германия менен Австрияда Рождествонун алдында турган төрт жекшемби күндөрдү адвент деп коёт.

Аскар Асаналиев
Аскар Асаналиев
"Ошол ар бир төрт жекшембиде бизде, Германияда, жарманке уюштурулат. Анда Рождествого керек болгон бүт нерселерди сатып алса болот. Андан сырткары достор менен келип, ар кандай даамдарды татып, кофе-чай ичип, балдар болсо ойноп-ырдап кете болот. Бишкектеги немис коомчулугу да чогулуп алып, ушундай жарманкени уюштурууну чечтик. Булардын баарын биз өзүбүз үйүбүздө жасадык, ал эми чогулган каражатты жетим балдар үйүнө тапшырууну чечтик", - дейт уюштуруучулардын бири Кэтрин Несса.

Немистердин айтымында, мурун алардын ата-бабалары Рождествого даярдануу үчүн жарманке уюштурчу, анан ал акырындап салтка айланып, жөн эле жарманке эмес, өзүнчө бир маданий иш-чара болуп калды.

Немис наабайчылар
Немис наабайчылар
“Штайнбройдо” чыныгы жаңы жылдык атмосфера: балаты турат, Аяз ата белектерди таратып жүрөт, балдар ойноп атат, ары жагында атактуу немистердин даамдары менен суусундуктары турат, ал эми ортосунда үй-бүлөлөр ошол даамдарды татып, баарлашып отурушат.

Мен да немис даамдарын ооз тийүү максатында ошол тарапты көздөй багыт алдым.

Бир да немис иш-чарасы белгилүү сосискаларсыз өтпөйт болуш керек. Жарманкеде баарына сосискаларды сунуштап жаткан Карл Конраддын айтымында, Германияда 16 аймак бар болсо, аны даярдоонун да 16 түрү болот.

Немис тилин үйрөнүп жүргөн нарындык студенттер
Немис тилин үйрөнүп жүргөн нарындык студенттер
- Эмне үчүн Германия өзүнүн сосискалары менен белгилүү? Себеби сосискаларды жеген бизде салтка айланып кеткен. Анан аны карылар да, жаштар да жегенди жакшы көрөт, анткени тез даярдалып, курсакты тойгузат.

Даамдуу сосискаларды даярдаган Карл Конраддын сөзүн которуп берген Толкун Минуяпийес 18 жыл мурун Германияга кетип, ошол жакта турмушка чыгып, калып калган. Ал жакта мигранттар үчүн немис тилинен сабак берет экен. Ал эми жакында контракт боюнча Кыргызстанга келип, Таласта сабак берип жатат.

Толкун Минуяпийес балдары менен
Толкун Минуяпийес балдары менен
- Негизи бул иш-чараны өткөрүү жакшы идея болду, балдарымды атайын Таластан ала келгем. Германияда ушундай жарманкелерди жакшы көрөт да, анткени балдарды үйүндө калтырып койбой, чоңдор аларды алып, чогуу ойношот. Ошону менен Германия өзүнө тартып кетти деп ойлойм.

Бул базарга Бишкекте Немис элчилигинде жана башка эл аралык уюмдарда эмгектенген немистерден сырткары, немис маданиятына кызыккан жергиликтүүлөр конок, уюштуруучу катары да чогулду. Үстөлдө жайылган көп түрдүүлүгү менен көздү чачыраткан таттуу даамдарды Бишкектин тургундары даярдаптыр.

Албетте мындай даамдуу немис булочкаларды жегенден кийин артынан бир нерсе ичип ийиш керек. Жанында электроплитанын үстүндө кызыл шарап кайнап жатат. Даярдап аткан Немис элчилигинин кызматкери Петр Энгилберхт:

- Бул ысык шарап деп аталат. Муну кызыл же ак шараптан даярдаса болот. Буга апельсин жана башка жер-жемиштерди кошуп, сөзсүз түрдө даамдуу кошумчаларды аралаштырып даярдаш керек. Бул кошумчалар атайын Германиядан алып келинген. 80-90 градуста кайнатып, ысык ичилет. Ысык шарап Рождество учурунда декабрдан баштап январдын ортосуна чейин гана даярдалат. Бул биздин ата-бабабыздан келаткан эски суусундук, бирок качан пайда болгонун так билбейм. Муну ичүүгө чек коюлган эмес – канча иче алсаңыз жана силердин организмиңер канча ыстаканга уруксат берсе, ошончо иче берсеңиз болот.

Бишкектеги Рождество базарында немистер да, жергиликтүүлөр да көпкө чейин тарабай жатты. Германия менен Австрияда алгачкы Вайнахсмартк 2-декабрда өтүп, соңкусу Рождествонун тушуна – 23-декабрга туура келет.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG