Линктер

дүйшөмбү, 22-июль, 2019 Бишкек убактысы 19:52

Борбор Азия

Түркмөнстан: Кунандан кулаган президент баш байге алды

Бердымухаммедов аттан кулады
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:04 0:00

Түркмөнстанда Аргымак күнү белгиленди. Мамлекеттик маалымат каражаттары билдиргендей, ат чабышта баш байгени президент Гурбангулы Бердымухаммедов утуп алды. Көз карандысыз интернет сайттар президент мелдеш учурунда аттан кулаганын ачыкташты.

Аргымак күнү Түркмөнстанда жалпы улуттук майрам катары апрелдин акыркы жекшембисинде белгиленет.

Президент Гурбангулы Бердымухаммедов түркмөндөрдүн сыймыгы катары саналган ахалтекин аттарына бийликке келгенден бери көңүл бурууну күчөткөндүктөн майрамдын масштабы жыл өткөн сайын кеңейүүдө.

Мамлекеттик маалымат каражаттары билдиргендей, быйылкы Аргымак күнү жалаң ат чабыш менен коштолбостон, аны утурлай ахалтекин жылкылары боюнча эл аралык ассоциациянын жыйыны, көргөзмө-жармаңке жана түркмөн аргымагына арналган илимий конференция уюштурулду.

Ал эми быйылкы башкы мелдеште бир чакырымга кунан чабыш болду. Жалпы байге кору 13 миллион доллардан ашкан бул мелдешке тандалма жети кунан гана койо берилип, алардын бирин жарышка президент Гурбангулы Бердымухаммедов өзү минип чыкты.

Мамлекеттик “Turkmenistan.ru” интернет басылмасы белгилегендей, жыйынтык көз ирмемде чечилген “айыгышкан күрөштө” марага “Беркарар” деп аталган кунаны менен эң биринчи болуп президент Бердымухаммедов жеткен.

Президент аттан кулаган учур

Интернетке чыгып кеткен видеотасмага караганда, Бердымухаммедов марага чын эле биринчи болуп жетти. Бирок президенттин аргымагы чектен өтөр замат эле буту чалыштай түшкөндө өзү аттын башынан ала салып барып кулап, жарыш тилкесиндеги топурак-кумдун үстүндө кыймылсыз жатып калды.

Мына ошол кезде мамлекеттик теледеги комментатордун да сөзү токтоп, кара костюмчан жоон топ адамдар жыгылган президентти көздөй жабыла жүгүрүштү. Бир саамдан кийин мамлекет башчысын тез жардам унаасы алып кетти.

Борбор Азия жана Кавказ өлкөлөрүнө адистешкен “Eurasianet.org” интернет басылмасынын жазганына караганда, бери дегенде бир сааттай президенттин абалы белгисиз болуп турган.



Президенттин аттан кулаганы, албетте, мамлекеттик телеканалдар аркылуу көргөзүлгөн эмес. Окуядан кийин коопсуздук кызматынын өкүлдөрү стадионду аралап, кимде фотоаппарат, видеокамера бардыгын издешип, алардан сүрөт-тасмаларын өчүрүүнү талап кылышкан. Стадиондон эч кимди чыгарышкан эмес.

Ахалтекин аттары боюнча Люксембурдагы ассоциациянын президенти Клара де Вос ван Стиинвик (Clara de Vos van Steenwijk) Ашхабаддагы мелдешке жана түркмөн президентинин аттан кулаганына күбө болгон:

- Президент болжол менен бир жарым сааттан кийин улуттук кийимчен маранын бет маңдайына келип, элди карап, кол булгалады. Ошол эле күнү түштөн кийин чабандестердин баарына, күлүк ээлерине байгелерди тапшырды. Албетте, ал жыгылганда өзөрүп калды. Анткени ушунча катуу ылдамдык менен баратып куласаңыз, өпкө-жүрөгүңүз кысыла түшөт да. Бул окуя коомчулукту да нес кылды. Ат майданда миңдеген адам карап отурган.

Клара де Вос ван Стиинвик “Азаттык” менен маегинде түркмөн президенти акыркы айларда ат чабышка атайы даярданып, машыгуудан өтүп жүргөнүнөн кабары бардыгын кошумчалады.

Түркмөнстандын мамлекеттик маалымат каражаттары жазгандай, кунан чабыштын эрежесине ылайык, 13 миллион долларлык баш байгенин 85% же 11 миллион доллар биринчи орун ээсине, башкача айтканда президент Бердымухаммедого тапшырылды. Президент бул акчаны өз кезегинде ахалтекин жылкыларына камкордук көргөн“Түркмөн аттары” мамлекеттик бирикмесине берет.

Быйылкы Аргымак күнүнө тушташ Ашхабадда ахалтекин аттарынын сулуулук сынагы да уюштурулду. Анда жеңген аргымак ээсине президенттин атынан кымбат баалуу автоунаа тапшырылды.

ШКУ 2014-жылга даярданууда

ШКУнун Тажикстандагы аскердик машыгуусу, 9-январь, 2012.

2014-жылы Ооганстандан америкалык аскерлер чыгарылгандан кийинки аймактагы коопсуздукка ШКУ биргелешип кам көргөнү жатат.

Шанхай кызматташтык уюмуна кирген мамлекеттерде чек ара боюнча чечилбеген маселе болбош керек. Бул тууралуу 29-апрелде Бишкекте өткөн ШКУнун коопсуздук кеңешинин катчыларын кабыл алган кезде президент Алмазбек Атамбаев билдирди.

ШКУнун коопсуздук кеңешинин катчылары 29-апрелде Бишкекте жолугушуп, аймактагы коопсуздук, диний экстремизм, уюшма жана кибер кылмыштуулук маселелерин талкуулады.

Уюмга мүчө мамлекеттердин коопсуздук кеңешинин катчыларын кабыл алган кезде президент Алмазбек Атамбаев биргелешкен аракеттер гана аймактагы ыктымал коркунучтарды алдын алууга жана чечүүгө өбөлгө болорун белгиледи:

- Аймактагы өлкөлөр биргелешип гана жалпы коопсуздукту камсыздап, ыктымал чыр-чатактардын алдын-алып, аларды тез жана натыйжалуу чече аларын убакыт көрсөтүүдө. Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасындагы Ак-Сай айылы менен Ворух анклавында ишемби күнү орун алган окуяны чечүү буга ачык мисал боло алат. Бул чатактын тез чечилишине Тажикстан Коопсуздук кеңешинин катчысы Абдурахим Каххаров менен Кыргызстандын Коргоо кеңешинин катчысы Бусурманкул Табалдиевдин биргелешип иштегени болду. Каххаров окуя болгон учурда Бишкекте жүргөн. Биргелешип жасалган бул иштер менен бардык маселелер чечилери далилденип жатат.

Чек аралаш өлкөлөрдүн ортосундагы делимитация жана демаркация иштеринин ылдам жүрүшүн кааларын айткан Атамбаев келечекте ШКУга мүчө мамлекеттердин ортосунда чек ара тилкелери толук такталып бүтүшү керектигин кошумчалады.

Ал эми уюмдун баш катчысы Дмитрий Мезенцевдин айтымында, Ак-Сай - Ворухта болгон чек ара чатактары сыяктуу окуялар эки мамлекеттин ортосундагы иш жана аларга аралашуу ШКУнун ыйгарым укугуна кирбейт. Мезенцев Бишкекте коопсуздук кеңешинин катчылары талкуулап жаткан маселелерди атады.

- Бүгүн каралып жаткан маселелер өзгөчө маанилүү. Алар эл аралык терроризмге, маңзаттарды, курал-жарактарды мыйзамсыз жүгүртүүгө жана чек ара аймактарындагы уюшма кылмыштуулукка каршы күрөштөгү алга карай кадам болуп калмакчы.

Кыргызстан быйыл аталган уюмга төрагалык кылууда. Ага ылайык, август же сентябрь айларында уюмдун мамлекет башчылары Бишкекте жолугушары күтүлүүдө. 2014-жылы Ооганстандан коалициялык күчтөрдүн аскерлери чыгарылып жаткан шартта Бишкек саммитиндеги башкы тема да коопсуздук маселеси болору айтылды.

Кыргызстандын Коргоо кеңешинин катчысы Бусурманкул Табалдиев ШКУ 2014-жылга даярдык көрүп жатканын белгиледи:

- 2014-жылы коалициялык күчтөр чыгып кеткенден кийин Ооганстандан маңзаттарын ташуу, диний экстремизм жана башка кылмыштар күчөп кетеби деген коркунучтар бар. Ошондуктан ШКУга кирген мамлекеттер биригип, чараларды көрсөк, кийинки жылы Ооганстандан коалициялык аскерлер чыгып кеткенче бир топ даярдыктарды көрүп калабыз го деген ишеничтемин.

ШКУга Кыргызстандан тышкары, Казакстан, Орусия, Кытай, Тажикстан, Өзбекстан кирет. Мындан тышкары, Ооганстан, Индия, Иран, Монголия жана Пакистан уюмга байкоочу мүчө макамын алышкан.

Бердымухаммедов аттан кулады

Бердымухаммедов аттан кулады
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:04 0:00

Баткенде кайрадан жаңжал чыкты

Баткен облусунун Ак-Сай айылында, Ворух анклавынын жанында жергиликтүү тургундар менен тажиктер чатакташа кетти.

Бул тууралуу "Азаттыкка" Чек ара кызматынын башчысы Токон Мамытов билдирди.

Мамытовдун айтымында, жаңжал Ворух анклавы аркылуу өткөн Аксай-Тамдык айланма жолунун курулушунан улам чыккан.

Чек ара кызматынын башчысы чатактан кийин анклав аркылуу өткөн жолду тажик тарап жаап салганын, ага жооп катары кыргыз тарап Ак-Сай айылы жактан анклавга кирчү жолду бууп салганын кошумчалады.

Токон Мамытов: "Мунун баары жолдон башталды. Анклав аркылуу өтпөй, өзүбүзчө Ак-Сай – Тамдык деген жолду сала баштаганбыз. Бирок тажик тарап "биздин жерге кирип келип, жол куруп атасыңар" деп, бул жерде чек ара тактала элек деген жүйөнү карманып, жолдун курулушуна тоскоол болушкан.

Эртең менен 30га жакын тажик, ошончо эле кыргыз чыгып, бири-биринин дарегине катуу сөз айтышкан. Бирок өз убагында жетип келген чек арачылар, акимдин орун басары, айылдын аксакалдары, тажик тараптан да чек арачылар, жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү жаңжалдын курчуп кетишине жол бербей, элди ажыратып калган.

Бирок бир нече убакыттан кийин Тажикстандын жарандары Ворухтан Кыргызстандын Ак-Сай, Көк-Таш жакка барчу жолду бууп салышты. Ошол эле учурда кыргыз тарап Ак-Сайдан Ворух анклавына кирген жолду да таш менен бууп салды.

Учурда ал жерде Чек ара кызматынын Баткен облусу боюнча аймактык башкармылыктын жетекчиси, полковник Жээнбаев, ИИМдин орун басары, Баткен облусунун акими, анын орун басары, тажик тараптын аймактык башкармылыгынын жетекчиси, генерал Пиратов, Исфара районунун акиминин орун басары, айыл өкмөт башчылары болуп, азыр сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат. Кырдаалды ИИМдин, Чек ара кызматынын аскерлери көзөмөлдөп турушат.

"Силер өз жагыңарды тынчтандыргыла, биз өз жагыбызды тынчтандырабыз" деп, жергиликтүү бийлик менен бирге иштешип, жаңжалдын ырбап кетпешине жол бербей турабыз".

Ал арада "Азаттыктын" аймактагы кабарчысы Жеңиш Айдаровдун маалыматы боюнча, ушул тапта эки жактан тең жергиликтүү тургундар тарабай, топтошуп турушат. "Окуя болгон жерде Кыргызстандын Көк-Таш айыл тарабынан жүзгө жакын кыргыз, Ворух – Исфара жолунун батыш тарабындагы айылдан келген 200гө жакын кыргыз турат. Кеч кирип калгандыктан тажик тараптан канча киши турганы беймаалым. Тараптардын ортосундагы аралык 100 метрге жакын. Эки жактан тең ортодо милиция кызматкерлери аларды бири-бирине жакындатпай турат", деп маалымдады "Азаттыктын" кабарчысы.

Кыргыз-тажик чек арасында чатактар маал-маалы менен болуп келет. Ушул жылы февралда Достук айылында жергиликтүү тургундар менен тажиктер чатакташа кеткен. 400дөй тургуну бар айылдын жашоочулары тажик тараптын азырынча шарттуу чек арага телефон антеннасын орнотконуна нааразылыгын билдирип чыгышкан.

Буга жооп кылып, кыргыз чек арачылары Достук айылы аркылуу өткөн Ворух –Исфара жолуна чек ара көзөмөлүн койгон. Тажик тарап болсо айылды аралап өткөн кан жолду эки тараптан бууп салган.

Жириновский тажик бийликтерин кыжырдантты

Владимир Жириновский

Кечээ Орусиянын Тышкы иштер министрлиги Тажикстанга нота жиберип, Мамлекеттик Думанын депутаты Владимир Жириновскийдин Тажикстан жөнүндө телеканалдагы билдирүүлөрү “анын жеке пикирин гана көрсөтөт” деп айтты.

Орус Тышкы иштер министрлиги “Жириновскийдин билдирүүлөрү Орусиянын расмий позициясын билдирбейт” деген мааниде кат жиберди.

Андан эки күн мурун Тажикстан Орусияга нааразылык нотасын жиберип, орус саясатындагы талаштуу фигура Владимир Жириновскийдин билдирүүлөрүнө кыжырдануусун билдирген.

Орус парламентинде Либерал-демократиялык партиянын (ЛДПР) лидери Жириновский 18-апрелде орус телеканалындагы “Поединок” программасына катышып жатып, Тажикстан жөнүндө кескин келекелеген, шылдыңдаган билдирүү жасаган. Сөз анда тажик бийликтери орус аскерий базасы үчүн ижара акы сурап жатышканы жөнүндө жүргөн болчу.

"Тажик коммунисттери бетти калың кылып туруп, Тажикстандагы биздин базабыз үчүн акыны дагы көтөрүп жатышат. Билишет, Орусияда акча бар, ошон үчүн көбүрөөк төлөгүлө дешет. А биз аларга: “Төлөбөйбүз! Силерден жумушчуларды алганды токтотобуз!” дейбиз", - деген эле Жириновский.

Орусиянын Тажикстандагы 201-аскерий дивизиясы Экинчи дүйнөлүк согуш бүткөндөн бери эле турат, кийин 1991-жылы Советтер Союзу таркагандан кийин да калып калган.

Борбор Азиядагы бейстабилдүүлүктөн жана Ооганстандан чыкчу коркунучтардан коргоочу катары каралып, 201-дивизия көптөгөн жылдар бою эч кандай ижара акысыз эле иштеп келди.

Бирок жакында эле Орусия Кыргызстанга Канттагы аскерий базасы үчүн ижара акы төлөй турган болгону жана Батыш өлкөлөрү Ооганстандагы аскерлерине жардам бериш үчүн бул региондо иштеткен базалары үчүн акы төлөгөнгө даярдыгын билдирип жатканы тажик бийликтерин Москвадан акча суроого түрткөн.

Жириновскийдин Тажикстандан иш издеп келчү жүз миңдеген мигранттарга жолду жабыш керек деген чакырыгы Душанбе үчүн олуттуу коркунуч. Былтыркы эле жылды алсак, орус жеринде иштеген тажик мигранттары мекенине 3,65 млрд. доллардан ашуун акча жиберишкен. Бул Тажикстандын ички дүң өндүрүмүнүн жарымына барабар.

Владимир Жириновский мигранттар жөнүндө коркуткан билдирүүсү менен эле чектелип калган жок. Ал эгер чындап эле Орусия тажик жеринен аскерлерин чыгарып кетсе, бул эң оболу президент Эмомали Рахмон үчүн коркунуч деди.

"Анда тажик президенти Рахмон эмне кылат? Анын күнү бүткөнү ошол экенин билет. Ооган талиптери Тажикстанды басып кирип, учурунда лидери Нажибулланы өлтүргөндөй эле, Рахмондун өзүн Душанбенин борборунда дарга асышат", - деген орус депутаты.

Мурдагы ооган президенти Мухаммад Нажибулланы Бириккен улуттар уюмунун миссиясында жашап жаткан жеринен 1996-жылдын сентябрында Кабулду басып алган талиптер сыртка чыгарып кетишкен. Кийин анын кыйноолорго алынган, атылган денесин шаардын борборунда дарга асып коюшкан эле.

Тажикстан ал билдирүүдөн кийин Орусияга нааразылык нотасын жиберип, маселени шаршембиде тажик парламенти талкуулады. Тажик депутаты Шукуржон Зухуров: "Мамдуманын депутаты Владимир Жириновскийдин акыркы билдирүүсү Орусиянын мамлекеттик деп эсептелген “Россия 1” телеканалынан көрсөтүлдү. Бул – жекирүүнүн жеткен чеги", - деп айтты.

25-апрелде Орус Тышкы иштер министрлиги жиберген катта Тажикстанды “союздаш жана стратегиялык өнөктөш” деп атаган. Мамдуманын Коргонуу комитетинин өкүлү Виктор Захарин ал телепрограммадан кийинки билдирүүсүндө “Орусиянын коопсуздугун сактоо Борбор Азиядагы базаларсыз татаал болмоктугун” моюнга алды.

Каримовго "атаандашам" деген калемгердин азабы

Өзбек жазуучусу Мамадали Махмудов. (Сүрөт качан тартылганы белгисиз.)

Өзбек жазуучу Мамадали Махмудов 14 жыл абакта отургандан кийин 19-апрелде эркиндикке чыкты.

Калемгер 1999-жылы президент Ислам Каримовго кол салууга тиешеси бар деп соттолгон. Эл аралык жана жергиликтүү адам укугун коргоочу уюмдар Мамадали Махмудов саясий жүйөдөн улам камалганын айтышып, жазуучуга эркиндик берүүнү өзбек өкмөтүнөн бир нече мертебе талап кылышкан.

72 жаштагы Мамадали Махмудов абактан бошонуп, азыр үйүндө экенин анын зайыбы Гүлсара Махмудова “Азаттыктын” өзбек кызматына жекшемби күнү ырастады:

- Жакшы. Эсен-аман чыгып келди. Азыр үйдө дем алууда. Абактан чыкканына баарыбыз кубанычтабыз.

Адам укугун коргоочу Дилорам Исхакованын айтышынча, Мамадали Махмудов мурдакы кайратынан тайып, таяк менен басып басып калыптыр:

- Ал аябай азып кеткен. Кичине гана болуп калыптыр. Көзү да жакшы көрбөйт. Таяк таянып жүрөт.

Махмудовду 2012-жылы декабрда абакка барып көргөн кызы атасынын башында терең жара бар экенин маалымдаган. Мындан улам жазуучу абакта уруп-сабалган болушу мүмкүн деген божомолдор айтылган.

Эврил Туран деген псевдоним менен белгилүү Мамадали Махмудов президент Ислам Каримовдун “эски жоолорунун” бири болуп саналат. Ал 1991-жылкы президентик шайлоодо Каримовго атаандаш болуп чыкмак болгондо, шайлоо комиссиясы аны талапкерликке каттабай койгон. Шайлоодогу Каримовдун жападан жалгыз атаандашы “Эрк” партиясынын негиздөөчүсү, акын Мухаммед Салих эки жылдан кийин “мамлекетке чыккынчылык кылды” деп айыпталып, камакка алынган. Салих эл аралык коомчулуктун кысымы астында түрмөдөн чыгып, кийин өлкөнү таштап кеткен. Азыр чет өлкөдө жашайт.

Эл аралык "Хьюман Райтс Уотч" уюмунун Борбор Азия боюнча изилдөөчүсү Стив Свердлов “Азаттыкка” берген интервьюда Махмудов тегин жерден соттолгонуна көңүл бурду:

- Өзбек өкмөтү бардык күнөөлөрдү көбүртүп-жабыртып жиберген. Анын баары негизсиз жана саясий мүнөзгө ээ. Мамадали Махмудовдун 14 жылдык өмүрү уурдалды. Анын абакта өткөргөн ар бир күнү жеткен адилетсиздик болду.

Свердлов ошондой эле Өзбек бийликтери башка да саясий туткундарды абактан чыгарыш керек экенине токтолду:

- Өзбек өкмөтү үчүн Мамадали Махмудовдон башка да саясий туткундарды абактан бошотуп, жарандык коомго чындап бурулганга жана Өзбекстанды тынчсыздандырган маселелерди эркин сындаганга мүмкүндүк берүү чоң маселе.

Маалыматтарга караганда, азыр Өзбекстанда кеминде он адам укугун коргоочу жана журналист абакта отурат. Алардын бири, 58 жаштагы саясий диссидент Мухаммад Бекжан он жылдык жаза мөөнөтүн өтөп, былтыр февралда эркиндикке чыкмак. Бирок анын жаза мөөнөтү дагы төрт жыл сегиз айга узартылган.

Мамадали Махмудовдун 14 жылдык жаза мөөнөтү февралда бүткөн. Бирок жазуучу бошотулбай, түрмөдөн Ташкендеги тергөө борборуна алып келинген. Анын аялы Гүлсара Махмудова март айында “Азаттыкка” күйөөсүнө жаза өтөөдө эреже бузган деген жаңы айып коюлганы жатканын жана 3 жылдан 5 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн экенин билдирген болчу.

Ушу жумада АКШ Мамкатчысынын Түштүк жана Борбор Азия боюнча жардамчысы Роберт Блейк Ташкенге сапарга барат. 72 жаштагы Махмудов америкалык мартабалуу дипломаттын келишине утурлай абактан чыгарылдыбы, беймаалым. Блейк Өзбекстандын расмий адамдары менен АКШ аскерлери 2014-жылы Ооганстандан чыгып кеткенден кийинки саясий стабилдүүлүктү камсыздоо маселесин сүйлөшөт деп боолголонууда.

"Алла ыраазычылыгы үчүн" үй кургандар

Муктаж мусулмандарга үй куруп жаткан жигиттер. Ак-Төбө облусунун Акшат айылы. 14-апрель, 2013.

Казакстандын Ак-Төбө облусундагы момун мусулмандар арасында “сооп жарыш” деген өнөктүк пайда болду.

Анын алкагында “Алла ыраазычылыгы үчүн” деген жигиттердин тобу Акшат айылында багар-көрөрү жок, жетим-жесир, колу жука адамдарга арнап, турак-жай курушууда. Бул саамалык менен “Азаттык” радиосунун Казак кызматынын аймактагы кабарчысы Жанагүл Журсин таанышып келди.

Облус борбору Ак-Төбөдөн 11 чакырым алыста жайгашкан Акшат айылы кан жолдон 3 чакырымдай четте турат. Айылдын чекесиндеги жаңы турак үйлөр курулуп жаткан жерди жергиликтүүлөр “новостройка” деп аташат. Мына ушул “новостройкада” актөбөлүк динзарлардын өзүн “Алланын ыраазычылыгы үчүн” деп атаган тобу жакыр мусулмандар үчүн 4 батир курушууда.

Курулуштун жетекчиси, өзүн “курулуштун прорабымын” деп атаган Нуржан Бесайдаров соопчулук үчүн курулуп жаткан үй тууралуу буларды айтты:

- Бул үйдүн узундугу 20 метр, туурасы 12 метр. Кудай буйруса, күзгө чейин ар бири 60 чарчы метрлик төрт батирди бүткөрүүбүз керек. Бир чатырдын астындагы эки батирдин эшиги түштүккө, экөөсүнүн эшиги түндүккө карайт. Үй ээлерине ваннасын жана башка жагдайларды жасап беребиз.

Нуржан Бесайдаров менен чогуу дем алыш күнүн соопчулукка арнаган жигиттердин бири мугалим болсо, экинчиси - мунайчы, үчүнчүсү - күзөтчү болуп иштейт. Алар бул үйдүн дубалдарын тургузуп берели деп өздөрүнө милдеттенме алышыптыр.

Акшат айылындагы курулуштан бир көрүнүш. 14-апрель 2013
Акшат айылындагы курулуштан бир көрүнүш. 14-апрель 2013
Төрт батирлүү үй камыштан салынууда. Усталардын айтканына караганда, камыш үй жазда салкын, кышкысын жылуу болот. Чыгымы да көп эмес. Бирок көп колду талап кылат.

Эски “Жигулинин” жүк салгычына жана арткы орундугуна бир нече кап кумду жүктөп келип, “соопчулук үчүн” деп таштап кеткен жигитти курулушчулар тааныбайт да экен. Айылдын эли да бул үй “Алланын ыраазычылыгы үчүн” салынып жатканын эшитип, колунан келген жардамын берип жатыптыр.

Нуржан Бесайдаров алар элге өзүбүздү көрсөтөлү деп иштеп жатышпаганын баса белгилеп, үй курулуп жаткан он сотых жерди да Кудай деген такыба адамдардын бири берген дейт:

- “Оң колуң менен иштегениңди сол колуң билбесин” деген кеп бар эмеспи. Мына бул 10 сотых жерди дин жолунда жүргөн азаматтардын бири берди. Аты-жөнүн билбейбиз. Өзүн көргөн да жокпуз. Телефонун да таштаган эмес.

Жаңа-Жолдогу мунай кенинде иштеген башка бир Нуржан деген жигиттин айтышынча, базарда иштеген динзар бирөө 7 куб метр тактаны жарым баасына - 2000 теңгеге бериптир. Бирөөлөр курулушка келип иштеп берсе, актөбөлүк динзар жигиттер курулуш материалын сатып алганга акча жыйнап беришиптир. Акча бере албагандары жыгач калыпка дастелеп камыш жаткырып байлашат экен.

Акшаттагы соопчулук курулушуна түштөн кийин жардамдашканы келген Асланбек Меркашев деген жигит алардын жамааты муктаж мусулмандардын бардыгына бирдей шарт түзүп бере албасына токтолуп, мындай деди:

- Акыркы жылдары бирөө эмес, экөө эмес, 300дөй мусулман жигит соттолуп кетти. Алардын ар биринин артында ата-энеси, бала-чакасы бар. Азыр мусулмандардын укугу кез келген жерде бузулуп жатат. Динге бет бурган беш жылда өзүм да көптөгөн кыйынчылыктарды баштан кечирдим.

Актөбөнүн четинде да жетим-жесирлер үчүн эки үй салынып жатыптыр. Курулушчулар бирок “Алланын ыраазычылыгы үчүн” курулган үйлөргө кирчү адамдардын аты-жөнүн атоодон жана телефон номерлерин кабарчыга бергенден баш тартышкан. Бул балким эки жыл мурда болгон капсалаңдуу окуяларга байланыштуудур.

2011-жылы 17-майда Ак-Төбө облустук коопсуздук кызматынын кеңсесинин жанында Ракымжан Макатов өзүн жардырып жиберген. 17-июлда облустун Темир районундагы Шубарши айылында динзар тобу менен полиция атыша кетип, 17 адамдын, анын ичинде 5 полициячынын окко учканы кабарланган.

Былтыр ноябрда облустук ички иштер башкармалынын өкүлү “радикал исламчы” деп айыпталган 300 адам абакта отруганын айткан. Баса Ракымжан Макатовдун жесири Майрамгүл менен “Азаттыктын” кабарчысы ушул Акшат айылына коңшулаш Кирпишти айылында кездешкен. Майрамгүл Макатова кабарчыга Орунтай деген динзардын үйүндө батирде акысыз эле жашаарын айткан: “Бул үйдүн ээси –Орунтай ахи (ахи - ага деген сөздүн арабчасы). Аны менен эч кандай тууганчылыгым жок. Бирок өзү да, аялы да дин жолун карманган мусулман боорубуз”.

Ташкенде бачабаздардын тобун издеп жатышат

Өзбек милициясы издеп жаткан кишилердин фотороботу

Ташкенде ушул күндөрү “бир топ баланы сексуалдык зордукка алып, айрымдарын өлтүргөн” деп айыпталып жаткан бачабаздардын тобун издөө иштери күчөтүлдү.

Ташкен милициясынын кабарына караганда, бачабаздардын кылмыштуу тобу үч кишиден турат. “Азаттыкка” атын атагысы келбеген полиция өкүлүнүн айтымында: “Азыр аларды кыдыруу күчөтүлдү. Баары бир кармайбыз. Бул топ былтыр күзүндө пайда болду. Алар бир топ балдарды уурдап кетип, кийин зордогон. Айрым балдар өлгөнү жөнүндө да маалымат бар. Биз азыр ошол кылмышкерлердин колунан качып кутулган балдардын көрсөтмөлөрүнүн негизинде бачабаздардын фотороботун түздүк. Алар азырга чейин кылмышын улантып жатышат. Биз азыр мектептерге жана райондорго алар жөнүндө айтып, этият болушун сурандык”, - деди.

Өзбек баш калаасындагы Миробод райондук ички иштер башкармалыгынын атын атагысы келбеген өкүлү айтканына караганда, педофилдер балдарды алдын ала даярдалган сценарий боюнча уурдап жатышат.

“Алардын сценарийи мыкты даярдалган. Манишеси менен мектепке жакын аймакта же райондордун четинде жалгыз бараткан балдарды табышат. Жакын келгенде айнектен күчүгүн же мышыгын коюп жиберип, ошол баладан аны кармап бергенге жардам беришин суранышат. Бала жаныбарды кармап, аны машинеге жакын алып келгенде аны күч менен машинеге салып кетишет”, - дейт милиционер.

Ата-энелерге эскертүү

Шаардагы мектеп мугалимдеринин бири “Азаттыкка” сүйлөп, азыр алар ата-энелер менен түрдүү жыйындарды өткөрүп, “балдарыңарга этият болгула” деп жатышканын айтты.

“Баланын дүйнөсү өтө азиз болот. Ошон үчүн алар менен тикелей сүйлөшпөй турабыз. Бирок ата-энелерине түрдүү эскертүүлөрдү жасадык”, - деди мугалим.

Ташкендеги Бустон районунун активисттеринин биринин айтканына караганда, райондун өзүндө да эл менен жыйындар өтүп жатат.

“Мектептерде, көчөлөр кесиминде, метролордо балдарды жалгыз калтырбаганга аракет кылгыла, ата-энелер ичинде өзүнчө топторду түзгүлө деп жатабыз. 4-5 ата-эне биригип, күнүнө кезек менен балдарын топтоп мектепке алпарып, кайра алып келсе болот деп түшүндүрүп жатабыз”, - деди активист.

Сырдарыя облусунда сегиз жашар кызды зордуктап, кийин аны өлтүргөн педофилди былтыр жыл этегинде сот 25 жылга түрмөгө отургузган.

Бирок Өзбекстанда саясий себептер менен түрмөгө отургузулгандардан айырмаланып, балдарга сексуалдык ыдык көрсөткөн бачабаздар мунапыс менен түрмөдөн бошотулушу мүмкүн.

Өткөн жылы, маселен, жаш кызды бир нече жолу зордоп, кийин кылмышы сотто тастыкталган 45 жаштагы Рустем Ибрагимов деген киши жыл этегинде жарыяланган амнистия менен боштондукка чыгарылганы бар.

Өзбекстанда бачабаздардын айынан канча бала жабыркаганы тууралуу эч кандай статистикалык маалымат жок.

Ал эми коңшулаш Кыргызстанда болсо парламент ушул айдын башында балдарга сексуалдык ыдык көргөзгөн адамдарды химиялык жол менен бычуу боюнча мыйзам долбоорун биринчи окулушунда жактырды.

Кылмыш, Жаза жана Жаза аткаруу кодексине киргизилген өзгөртүүлөргө ылайык, балдарды зордуктагандарды кастрациялоо соттун жана атайын экспертизалык комиссиянын чечиминин негизинде жүргүзүлөт.

Мыйзам долбоордун демилгечилеринин бири, депутат Турсунбай Бакир уулунун айтымында, Кыргызстанда акыркы эки жылда жаш балдар-кыздарга карата жасалган сексуалдык кылмыштардын саны эки эсе өскөн. 2010-жылы 75 факт катталса, эки жылдан кийин 150дөн ашкан. Башкы прокуратура быйыл жыл башынан бери 116 жашына жете элек бала зордукталганын билдирет. Алардын 67си 10 жашка чыга элек балдар.

"Санитардык маскарад"

Геннадий Онищенко Дүйшөмбү-Москва поездинин санитардык абалын Астраханда текшерди, 15-апрель, 2013

Орусияда өкмөт башчынын орун басары өлкөнүн башкы санитардык врачы менен өткөн дем алыш күндөрү тажик поездин текшерип, “мынчалык балит поездди өлкөгө киргизбеш керек” деп билдиришти. Тажик поездинин санитардык абалы кантип "саясий чабуулдун куралына" айланды?

Дүйшөмбү-Москва каттамындагы поезд. Ичи толо жүргүнчү. Айрым орундарда эл тыгылып, отурганга башка орун жок. Камераны караган көздөр...

Мунун баары “Азаттыктын” орус редакциясынын мурдагы кабарчысы Мумин Шакировдун мындан төрт жыл мурдагы даректүү тасмасынан алынган кадрлар. Поезддер Советтер союзу таркагандан берки 20 жылдан ашуун убакыттан бери эле ушундай абалда жүрүп келатат. Бирок эмне үчүн алардын санитардык абалы ушул аптада гана суроо жаратты?

"Биз поезддердин мына мындай абалда өлкөбүзгө келишине жол бере албайбыз, - дейт орус вице-премьери Дмитрий Рогозин. - Алар ушул түрү менен эле мүмкүн болгон жугуштуу оорунун баарын таркатышы мүмкүн. СССРдин тушунда чек араларда мындай болгон эмес. Ошон үчүн азыр миграциялык саясатыбызды да, чек арабызды да катуу тартипке келтиришибиз керек".


Дүйшөмбү-Москва поездинен чыккан чыр
please wait

No media source currently available

0:00 0:11:14 0:00
Түз линк


Дмитрий Рогозин азыр орус өкмөт башчысынын орун басары. Өткөн дем алыш күндөрдөгү поездге рейд учурунда аны Орусиянын башкы санитардык врачы Геннадий Онищенко коштоп жүрдү.

"Бул башаламандык “жүргүнчүнү санитардык бир да нормага жооп бербеген арабада сүйрөп жүрүү” деп аталат. Абалына чыдагыс поезд Орусияны кеңири кыдырып жүрөт. Муздаткычтары иштебейт, ысык суу жок. Бул кантип болсун, өзүңүз деле ойлонуп көрсөңүз", - деди врач Онищенко.

Рогозин негизи поезддин тазалыгы жөнүндө сөзү менен эле чектелген жок. “Бул поезд аркылуу Орусияга баңги заттар да ташылат”, - деп айтты.

"Президент “Орусияга эми жалаң чет өлкөлүк паспорт менен кириш керек” деген. Бизге такыр окуп болбогон, сканерлер аркылуу аныкталбаган документ менен келбеш керек", - дейт Рогозин, тажик паспортун оңой эле жасалма жол менен алса болот деген таризде.

Орусияда жогорку даражалуу кызмат адамдарынын кокусунан эле тажик поездине рейд жасашканын Дүйшөмбү шаарында өтө таң калуу менен кабыл алышты. Тажик темир жол ишканасынын директорунун орун басары Усмон Каландаров поезддин техникалык абалында айрым майда кемчиликтер болушу мүмкүн экенин, бирок анчалык катуу айыпка макул эместигин билдирди.

"Ушул айларда өзү Тажикстандан Орусияга иш издеп жөнөгөндөр көп болот. Балким, ошон үчүн айрым вагондор бир аз булганышы мүмкүн. Бирок бардык вагондордо, ресторанда муздаткычтар бар. Жүргүнчүлөр эч нерсеге арызданышкан эмес", - деди Каландаров.

Ал эми Тажикстандын Москвадагы элчиси Абдулмажид Достиев айтылган айыпты такыр натуура деп эсептей турганын билдирди.

"Ал поезд жаңы эле сатылып алынган. Анын вагондорунун көпчүлүгү жана эң башындагы вагону жапжаңы. Бул маршрут аркылуу жүрүп жаткан бүт поезддердин ичинен биздики гана бардык европалык стандарттарга жооп берет", - деди элчи Достиев “Азаттыкка”.

Дүйшөмбүдө Рогозин менен Онищенконун рейдинен кийин Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматынын чек ара бөлүмү “тажик поездиндеги олуттуу кемчиликтер жоюлмайын, Тажикстан менен темир жол байланышын жаап турууну” сунуш кылды.

Анын эртеси Орусиянын Эсеп палатасынын төрагасы Сергей Степашин Дүйшөмбү шаарында тажик президенти менен жолугушууда “Орусия азырынча Тажикстан менен темир жол байланышын жабуу тууралуу маселени койгон жок”, - деди. Кийинчерээк маалымат каражаттарында орус Чек ара кызматынын “Тажик поездин текшерүү тууралуу идеяны биз көтөргөн эмеспиз” деген таризде билдирүүсү пайда болду. Андай болсо, ага чейинки рейддин максаты эмне?

Иши кылып, Тажикстандан Москвага каттаган поезддин айланасындагы чуу күтүүсүз тутанып, кайра заматта өчкөн өрттөй эле таасир калтыргансыды.

Ошондуктан “Бул Рогозин менен Онищенкого, а балким, Кремлге эмне үчүн керек?” деген суроо туулат.

"Оппозицияга окшошкусу келген бийлик"

Сергей Абашин – тарых илимдеринин доктору, Орусиянын Улуттук илимдер академиясынын Этнология жана антропология институтунда жогорку илимий кызматкер. Ал соңку окуяга негизги эки себеп бар деп эсептейт.

"Менимче, Орусиядагы азыркы бийлик коомдогу улутчулдар менен оппозициядан айтылып жаткан талаптарга кандайдыр бир жооп бергенге аракет кылып жатат. Оппозиция тараптан да, улутчулдар тараптан да миграциялык саясатта реформаларды талап кылган чакырыктар айтылууда. Ошондуктан бийлик улутчулдук боюнча өзүнүн жеке долбоорун сунуш кылып жатат окшойт, - деди Абашин. - Буга Рогозиндин тандалганы да бекеринен эмес. Ал өзүн 1990-жылдары улутчул саясатчы катары көрсөткөн, бүгүнкү бийликте болсо “расмий улутчулдун” ордун ээледи. Анын жардамы менен Кремл улутчулдардын ураанына кошулгандай болуп, оппозициянын негизги талаптарынын бирин өзү ансыз деле аткарып жаткансып, “оппозициянын ролун ойноп” жатат. Чындап келгенде, бул өңүтү, менимче, тажик поезди менен байланышкан окуяда негизги фактор болду".

Абашиндин айтымында, поездди текшерүү Москвага Өзбекстандын президенти Ислам Каримов келген маалда болгону да бекеринен болбошу мүмкүн. Анткени расмий Ташкен менен Дүйшөмбү көптөн бери эле суунун, "Рогун" ГЭСинин айынан бири-бири менен алакасы начар болуп келатканы белгилүү. Ошон үчүн Ташкен менен анча тил табыша албай жаткан Москва “ушул учурда тажиктерди катуураак урушуп койгондой болуп, өзбек лидеринин көңүлүн алгысы келген өңдүү”.

"Бул окуя Москвада Каримов жүргөн учурда болгонун эстеш керек. Орусияда айрымдар мындан ачык эле бир себепти көрүштү. Кремль ошол күндөрү Каримов менен сүйлөшүүлөргө бул таасир этет деп ойлогон болушу мүмкүн. Анткени Тажикстан менен Өзбекстандын мамилеси анча жакшы эмес. Бирок бул Каримов менен сүйлөшүүгө же тажик бийликтерине өзгөчө таасир этти деп айтууга бир да негиз таппай турам. Менимче, бул башкы себеп болбосо керек. Эң кызыгы – поезд менен байланышкан окуя башка жерде эмес, Орусиянын өзүндөгү маалымат каражаттарында кеңири чагылдырылганында. Ошол себептен муну пропагандалык мүнөздөгү аракет десе болот. Анын үстүнө, миграция боюнча талкуулар орус бийлиги менен оппозициясы ортосундагы маанилүү суроолордун бири болуп турганын көрсөтөт", - деди орусиялык аналитик Сергей Абашин.

"Саясий улутчулдук"

Орусияда расмий бийлик улутчулдукту саясий курал катары колдонуп келет деген өңдүү сөздөр көптөн бери эле айтылып жүрөт.

Поезд менен байланышкан окуядагы башкы каармандардын бири Дмитрий Рогозин (азыркы вице-премьер, мурдагы улутчул саясатчы) 2005-жылы чуулгандуу видео-ролик аркылуу көп айыпка калганы эстен кете элек. Анда Москванын шаардык кеңешине шайлоого катышкан “Родина” партиясынын лидери Дмитрий Рогозин үйдүн короосунда дарбыз жеп, кабыгын ар жакка таштап отурган азери улутундагы кишилерге “Таштандыңды көтөр!” деп буюрат. Аягында “Москваны таштандыдан тазалайбыз” деген жазуу көрүнөт.


Роликти кийин партиянын оппоненттери айыптап, “азерилерди силер таштанды деп атадыңар” деп, далай айыптап жүрүштү.

Шайлоо өнөктүгү учурунда гана эмес, тигил же бул өлкө менен чыңалыш учурларда орус расмий бийлиги “тазалык, санитардык абал” менен байланышкан жагдайды да курал катары колдонгону көп эле кайталанып жүрөт. Болгондо да алардын дээрлик баарында ушул поезд менен байланышкан соңку окуядагы негизги каармандардын бири, өлкөнүн башкы санитардык врачы Геннадий Онищенконун ысмы аталат. Айтмакчы, азыр 62 жаштагы бул белгилүү врач Кыргызстанда, Сузак районунда төрөлгөн.

"Саясий санитария"

Орусиянын башкы санитардык врачы катары дээрлик 10 жылдан бери иштеп жаткан Онищенко Грузиядан жана Молдавиядан импорттолгон виного “2006-жылы жазында "анын сапаты начар" деп тыюу салган. Грузин бийликтери айрым вино өндүрүүчүлөрдүн начар ишин моюнуна алганы менен, бул чечимди “саясий аракет” деп, врачты айыптаганы белгилүү. Бир жылдан кийин Молдавиянын виносуна киргизилген тыюу алынды.

2006-жылы күзүндө Онищенко узак убактан бери начар мамиледеги Польшадан сатылып алынчу этке да “сапаты начар” деп тыюу салат. Ушундай эле чараны ал өткөн жылы күзүндө АКШдан келчү этке киргизди. Муну Вашингтондун өзүндө “Магнитский актысына” карата Орусиянын жообу катары кабыл алышты.

2009-жылы Онищенконун аты кайрадан башкы жаңылыктарда, бул ирет Беларустан келген сүт азыктарына тыюу салынганы менен атала баштайт.

2011-жылы ноябрда Онищенко тажик мигранттарын “эң коркунучтуу оорулардын булагы” деп атаган. “Жыл ичи 188 тажикстандык жаран Орусиядан чыгарылган, алардын 40 ВИЧке чалдыккандар, 103 – кургак учук менен ооругандар, калганында башка коркунучтуу инфекциялар бар”, - деген башкы санитар.

Ошондо өлкөнүн Федералдык миграциялык кызматы 300дөй тажик жараны өлкөдөн депортациялана турганын билдирди. Орусия бийликтеринин ал жолку чечими да Тажикстанда эки орус учкучу контрабанда үчүн айыпталып, 8,5 жылга түрмөгө отургузулгандан бир аптадан кийин чыгарылган эле.

Ал арада “Азаттыктын” мурдагы кабарчысы Мумин Шакировдун “Чыгыш экспресси” даректүү тасмасында көрсөтүлгөндөй эле, Дүйшөмбүдөн поезд бүгүн да Москвага келди.

Анын ичиндеги мигранттар үчүн тажик-орус жетекчилеринин ортосундагы саясий “түшүнүксүз чыңалуу” анча маанилүү деле эместей. Алар, балким, Орусиянын Тажикстандагы аскерий базасы али күнчө тажик парламенти тарабынан ратификациялана электигине, ал келишимди орус Думасы жума күнү карап жатканына, Эмомали Рахмон быйыл ноябрда кайрадан президент болуп шайланышы үчүн ага баары бир Москванын колдоосу керек болооруна баш оорутпашы мүмкүн.

Ошентсе да, Орусиядагы "Ведомости" басылмасынын комментарийинде айтылгандай, "саясий маселени саясий маселе катары эле чечсе болбойбу? Мындай санитардык маскараддын кимге кереги бар эле?"

Ауэзов: Борбор Азияны ынтымак гана сактайт

Мурат Ауэзов "Азаттыктын" Бишкектеги студиясында.

Атактуу казак жазуучусу Мухтар Ауэзовдун уулу, дипломат Мурат Ауэзов казак-кыргыз алакасы, Борбор Азиядагы кырдаал тууралуу "Азаттык" менен ой бөлүштү.

Мурат Ауэзов ири державалардын кызыгуусун Борбор Азия өлкөлөрүнүн ынтымагы гана токтото алат деп эсептейт. Ал "Азаттыктагы" маегин атасы Мухтар Ауэзовду эскерип турган кыргыз элине көңүлүм жылып турат деп баштады.

- Бул ирет да Бишкекке жакшы үмүт менен жолго чыктым эле. Анткени кыргыз калкы менен тарыхыбыз бир, ынтымагыбыз бекем болгон. Чынын айтайын сапарыбыз мен күткөндөн да ашып түштү.

"Азаттык:" Мурат ага, кыргыз-казактын азыркы мамилеси тууралуу сизден сурагым келип турат. Тарыхыбызда, кечээ эле Айтматовдун учурунда деле боордош эл, бир элбиз деп жүрчүбүз, бирок соңку мезгилде бири-бирибизге болгон жек көрүү пайда болуп бараткандай. Казактар Ысык-Көлгө келсе кыргыз МАИчилери кыйнап, жергиликтүүлөр да кол көтөргөн окуялар болду. Казактар болсо чек арада кыйнайт, ал жактагы мигранттарыбызды кыйнашат дегендей...

Ауезов: Бул чындыгында эле чоң өкүнүч жаратчу жагдай. Бирок бул чындык. Азыр эсин жыйнай албай келаткан жаш мамлекеттердин башчылары өздөрүнүн жагдайларын ойлошот, жүйөлүү карым-катнаштарды түзгөнгө өнөрү жетпей же ниеттери жок болуп турат. Бул узак жол эмес. Бул жол менен барсак башкаларга жем болуп, мамлекет катары жок болуп кетебиз. Экономика дейбиз, ал деген акча. Аны колубуз менен санайбыз. А рух, маданият, тарых деген башка нерсе. Азыр Орто Азия калктары бири-бирибизди табышыбыз керек. Бул актуалдуу.

Маекти толугу менен бул жерден угуңуз

Президент Каримов Москвага калканч издеп барды

Владимир Путин жана Ислам Каримов Кремлдеги сүйлөшүү учурунда. 15-апрель 2013

Ислам Каримовдун сөзүнө караганда, 2014-жылы НАТОнун көп улуттуу аскерлеринин Ооганстандан чыгып кетүүсү Борбор Азияга чоң коркунуч жаратат.

Өзбекстандын президенти мындай пикирин 15-апрелде Москвада Орусия лидери Владимир Путин менен болгон жолугушууда ортого салды. Визит учурунда Борбор Азиядагы коопсуздук маселелери талкууланды жана экономикалык, маданий жана илимий-техникалык тармактарда кызматташуу боюнча келишимдерге кол коюлду.

Казакстан, Кыргызстан жана Тажикстан Орусиянын жакын союздаштары болгондуктан, алардын лидерлери тез-тез кездешип турат. Казакстан Бажы биримдигине жана Жамааттык коопсуздук келишими уюму - ЖККУга мүчө. Кыргызстан жана Тажикстан ЖККУга мүчө жана экөөнүн территориясында орус аскерлери бар.

Өзбекстандын Бажы биримдигине кошулуу ыкласы жок. ЖККУдан 2012-жылы чыгып кеткенден кийин, Ташкент эми Батыш жана Кытай менен коопсуздук жаатындагы кызматташууну күчөтөт деген божомолдор айтылган.

Өзбекстан 2014-жылы НАТО аскерлери Ооганстандан чыгып кеткен соң өлкөдө саясий тополоң дагы күчөйт деп чочуйт. Ошон үчүн НАТОнун аскерлеринин согуштук техникасын алып калуу үчүн АКШ менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзсө, Европа биримдиги менен курал эмбаргосун алып салуу боюнча сүйлөшкөн. Кытай менен да аскерий кызматташуу боюнча сүйлөшүүлөрдү өткөргөн. Бирок АКШдагы Stratfor аналитикалык борбору баамдагандай, бул сүйлөшүүлөрдүн натыйжасында маанилүү келишимдер түзүлгөн эмес.

Жоромолдонгондой эле, Москвадагы сүйлөшүү Өзбекстандын жетекчилигин 2014-жылы Ооганстандан Кошмо Штаттардын аскерлери чыгып кеткенден кийинки жагдай катуу кабатырга салганын көрсөттү.

Ислам Каримов бул маселеге токтолуп: “2014-жылы аскерлерди чыгаруунун аякташы Ооганстанда жарандык согушту жараткандан башка дагы, эң маанилүүсү, бүтүндөй региондо, кенен региондо чыңалууну күчөтүшү мүмкүн”, - деди. Каримов региондогу стабилдүүлүктү сактоо үчүн тийиштүү чараларды көрүү зарыл деп эсептейт.

Президент Путиндин айтышынча, эки жак Ооганстандагы кырдаалга кылдат көз салып туралы жана аскерий-саясий кырдаалды стабилдештирүүдө мүмкүн болчу кадамдарды макулдашып жасайлы деп сүйлөшкөн.

Кремлдеги кездешүүдө эки лидер Орусия-Өзбекстан арасындагы мамиле жакшы өнүгүп жатканын баса белгилешти. Владимир Путин, мисалы, үстүбүздөгү жылдын январь айында эки өлкө арасындагы соода 20 пайыздан көпкө өскөнүн, Өзбекстандын тышкы соодадагы эң чоң өнөктөшү Орусия экенин эскерте кетти.

"Өткөн жылы өз ара соода өстү, - деди Путин. - Анын көлөмү, түрдүү эсептөөлөр боюнча, 4 миллиардга жакын болот. Биздин өзбекстандык коллегаларбыз жана досторубуздун эсебинде ал 7 миллиардды түзөт".

Былтыр эки жак 3, 7 млрд. долларга соода кылган. Бул, Кремлдин маалымдашынча, 2011-жылга караганда 6, 2 пайызга аз. Өзбекстандын тышкы соодасында Орусиянын үлүшү 30 пайызды, Кытайдыкы - 12, Казакстандыкы - 10 жана Түштүк Кореянын үлүшү 8 пайызды түзөт.

Орусия Өзбекстан үчүн маанилүү экономикалык өнөктөштөн башка да жүз миңдеген эмгек мигранттары иштечү өлкө. Былтыр өзбекстандык мигранттар ата- журтуна 5,7 миллиард доллар жиберген. Бул Өзбекстандын ички дүң жыйымынын 16 пайызына тете акча.

Москвада инвестицияны колдоо жана коргоо, ошондой эле реадмиссия боюнча келишимге кол коюлду. Реадмиссия же өлкөдө мыйзамсыз жашап жүргөн жарандарды кайтарып берүү жөнүндөгү келишим Ташкент үчүн маанилүү. Себеби өзбек бийликтери Москваны өкмөткө каршы аракеттенген жана диний экстремизмге катышы бар деп шектелген жарандарын кармап берүүнү үзбөй сурап жүрөт. Эл аралык "Хьюман Райтс Уотч" уюмунун билдиришинче, былтыр Өзбекстанда диний радикализмге тиешеси бар деп, 200дөн ашуун адам соттолгон.

Ташкентте карыларга кол салгандар изделүүдө

Болжолдуу кылмышкерлердин милиция тараткан фото роботтору.

Өлкө борбору Ташкентте жалаң кары-картаңдарды бутага алган кылмышкерлер тобун издеп жатышат.

Өзү жалгыз бой жашаган кары адамдардын үйлөрүнө же батирлерине алдап кирип, өлтүрүп, болгон дүйнө-мүлкүн тоноп кеткен, мүнөзү жагынан бири-бирине окшош кылмыштар көбөйө түшкөнү быйыл февралда билинген эле.

Анда көз карандысыз маалымат каражаттарынын көңүлүн Ташкенттин Миробод районунун Таң нуру маалесинин 91 жаштагы тургуну Хакима Авлонийдин киши колдуу болушу бурган.

“Азаттыктын” өзбек кызматы Ташкент шаарынын милициясына таянып кабарлаганына караганда, акыр алты айда борбордо жалгыз бой пенсионерлер өлтүрүлгөн же үй-жайы тонолгон фактылар кеминде 20дан ашкан.

Ташкенттин көчөлөрүнүн бири.
Ташкенттин көчөлөрүнүн бири.
Кары адамдын өмүрүнө кол салынган акыркы окуя азырынча 8-апрелде катталган. Бул күнү өзбек борборунун Мирзо Улукбек районунан аял пенсионер киши колдуу болгон.

Ташкент милициясынын ысымын атабаган өкүлү ушул аптада “Азаттыктын” өзбек кызматынын суроолоруна жооп берип жатып, буларды айтты:

- Кудай буйруса кылмыштын бети ачылат. Учурда иштеп жатабыз. Максатыбыз - кылмышкерлерди тезирээк табуу. Буга аракет кылабыз, аларды камайбыз. Кабатырланга негиз жок.

Ташкенттен түшкөн кабарларга караганда, учурда шаар көчөлөрүндө болжолдуу кылмышкерлердин фото роботтору жапырт илинген. Алардын арасында аялдар да бар.

«Ооба, кулактандыруулар бүткүл шаар боюнча илинип турат», - деди Ташкенттин тургундарынын бири.

Ташкенттеги жарыялардын бири.
Ташкенттеги жарыялардын бири.
​Ал эми Өзбекстандын Ички иштер министрлигинин ысымын ачыктабаган майору «Азаттык» менен маегинде кары-картаңдардын коммуналдык чарба кызматтарынын өкүлү катары алдоо жолу менен кирип жатышкан кылмышкерлер тобун издөөгө күч түзүмдөрүнүн баары тартылганын айтат:

- Коммуналдык төлөм боюнча кирип, адамдарды өлтүргөндөр боюнча азыр күч түзүмдөрүнүн баары иштеп жатат. Баарына айтылган, баарынын кабары бар.

Кары-картаңдарды бутага алган кылмышкерлер тобу тууралуу кабардын барган сайын элге көбүрөөк тарашы жашоочуларды да кандайдыр бир деңгээлде камтамачылыкка салгандай.

Өзүн Ташкенттин Ал-Хорезми маалесинин активисти деп тааныштырган аял жашоочулар арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатышканын белгиледи:

- Тургундардын баарына эшикти бейчеки кишиге ачпагыла, каалга каккан адамдын аты-жөнүн, документтин көргөзүүсүн сурагыла. Айрыкча чоңдор үйдө болбосо, балдар сак болсун, эшикти ачпай, ал эми коммуналдык кызмат төлөндү-төлөнбөдү деген суроолорду кеңсеге барып тактап, алгыла деп айтып жатабыз.

Ташкенттен түшкөн кабарларга караганда, бийликтер милицияга жалгыз бой карыларды бутага алган кылмышкерлер тобу тууралуу маалымат берген адамга 5 миллион сум сыйлык жарыялашкан.

Өзбекстанда ачылбаган “Узметроном” сайты кылмышкерлерди издөө иши оң натыйжа бербей жатышын, өзбек милициясы акыркы 20 жылда көчө кылмыштарына жана сериялык кылмыштарга көп маани бербей, чөнтөккө акча бат түшүүчү тармактарга ыктап кеткенине байланыштырды.

Бул сайт ошондой эле былтыр Ташкент жанаТашкент облусу аймагында бир нече аялды өлтүргөн кылмышкерлер Өзбекстан эмес, Казакстандан кармалганын эске салат.

Ашхабад: же үйдөн, же акчадан жок

Ашхабадды жана анын айланасындагы Акхал провинциясын кайра куруу иштери акыркы он жыл бою уланып келаткан ири мамлекеттик долбоор. Бирок жаңы имараттарга көчүү көптөгөн жергиликтүү жашоочулар үчүн ири проблемаларды жаратууда.

Мисалы, адамдар түртүрө турган үйлөрүн тез арада бошотуп, айрымдары компенсация да албай калып жатышат.

40 жаштагы Мурат - Ашхабаддын тургуну. Мураттын айтымында, бийлик дагы деле кайсы үйлөр качан түртүлөөрү тууралуу так жана ачык маалыматты алдын ала бере элек.

Шаар бийликтери бул кайра куруу планын шаардыктардын социалдык абалын жакшыртуу үчүн башташкан эле, бирок ал такыр башка жыйынтыктарга алып келүүдө.

Мурат жашаган Биринчи май районунда январ айынан тарта бир нече үй бульдозер менен сүрүлгөн. Бул район Ашхабаддан алыс эмес жерде жайгашкан. "Адамдарга көчүүгө бир-эки жума гана убакыт берилип, абдан аз компенсация берилген же такыр эле берилбеди", - дейт Мурат.

1993-жылкы мыйзам боюнча жеке менчик мамлекетке өтүп жатканда, мамлекет адамдарды ошол эле баадагы үй менен камсыз кылып же ордуна ал адам үй сатып ала тургандай акча бериши зарыл. Бирок мыйзамда бийлик канча акча бериш керектиги так көрсөтүлгөн эмес. Учурда бийлик элди башка жакка көчүрүп жатканда аз акча берип жатат деген дооматтар көп.

Түркмөнстандагы мамлекетке караштуу жалпыга маалымдоо каражаттары: "көчүрүлгөндөр жаңы курулган, чоң үйлөрдү алып жатышат" деген маалымат берсе, "Азаттык" үналгысына маек кургандардын айтканы башка болууда.

Жахандын үй-бүлөсүн да көчүрүшүп, жаңы батир беришкен. Түркмөн үй-бүлөсү адатта көп балалуу келип, үч муун бир үйдө турат. Жахандын үй-бүлөсү да Ашхабаддын жанындагы жер үйдө жашачу. Жахан, анын жолдошу, үч уулу, алардын келиндери жана балдары бир үйдө туруп, баарына орун жетчү.

Азыр алар Парахат деген жердеги жаңы курулган үйгө көчүшкөн. 27 адам төрт бөлмөлүү эки батирде турат.

- Бул өтө оор. Квартирада бир эле ажаткана жана жуунуучу жай бар. Биз аларга кирүү үчүн эртең менен кезекке туруп жатабыз.

Көчүү жөнүндө жаңылыктын чыгышы күтүүсүз болду. 2012-жылдын аягында бийликтин өкүлдөрү келип, эки-үч күндө алардын үйү сүрүлөөрүн айтышкан. Жахандын үйүнүн ордуна жаңы жолдор жана үйлөр салынат.

- "Бийлик өкүлдөрү документтерге кол коюуга мажбурлашкан. Макул болбогондорду сот менен коркутушту. Ал документке кол койоруң менен үйүң сенин менчигиң болбой калат, - деп капаланат Жахан. - Бульдозерлерди алып келишип, үйлөрдү бузуу башталды. Буюм-теримдерди чогултканга саналуу гана убакыт беришкен. Дендароо болгон көпчүлүк, буюмдарын сатууга мажбур болушту".

Акхалдын көз жашы

Бул кырдаал көп кайталанган, эски буюмдар сатылчу базардын айланасын эл “Акхалдын көз жашы” деп атап алган. Үйүнөн көчүрүлгөндөр дал ушул базарда шашылыш түрдө эски буюмдарын сатышат. Жахандын айтымында, анын мурдагы коңшулары дагы деле үй алыша элек. Бирок түркмөндөрдүн баары эле нааразы эмес.

32 жаштагы Гүзел Ашхабаддын көрүнүшү жакшы жакка өзгөрүп, шаар таза жана заманбап болуп калды деп сыпаттады. Ал эски үйлөрдү жаңы имараттар менен алмаштыруудан жаман нерсе көрбөйт.

Эвен Мурат да көчүүгө даярданып жаткан кез. Анын оюнда мамлекет сунуштаган вариант чакан үй-бүлөлөр үчүн ыңгайлуу. Бирок түркмөндөр адатта көп балалуу болуп жатпайбы. Ошондуктан жаңы үйлөргө көчүү айрымдар үчүн ыңгайсыз. Ошол эле маалда түркмөндөрдүн басымдуу бөлүгүнүн жашоо-шарты жаман жагына гана өзгөрүүдө.

Эвен Мурат өзү эң жаман вариантка даярданууда. Учурда ал эски кир жуугуч машинасын, үй эмеректерин сатып жаткан кези.

Рахмон НАТО менен алаканы бекемдегиси келет

Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон жана НАТОнун баш катчысы Андерс Фог Расмуссен

Брюсселде Тажикстандын президенти Европанын, НАТОнун лидерлери менен жолугуп, Өзбекстан менен суу талашын талкуулады.

Эмомали Рахмон 10-апрелде Европа парламентинин төрагасы Мартин Шульц менен Тажикстандын түштүгүндө Рогун суу сактагычынын курулушун талкуулады. Пахта плантацияларына суу жетпей калат деп кооптонгон Өзбекстан бул курулушка каршы болуп келаткандыгы маалым.

Сүйлөшүүдөн кийин Шульц кабарчыларга буларды айтты:

Тажикстан менен Өзбекстандын ортосундагы сууга, Рогунга байланышкан чыңалуу чоң мааниге ээ. Ошондуктан биз бул маселени президент Рахмон менен сөз кылдык. Суу менен энергия иштетилет, ошол эле убакта мында биринчи кезекте суу маселеси маанилүү.

Маалымат жыйынында Эмомали Рахмон да сүйлөп, ноябрда өтө турган президенттик шайлоого катышаар-катышпасын билбей жатканын, бирок добуш берүүнүн акыйкаттыгын камсыздоого сөз берээрин мындайча бышыктады:

Тажикстанда президенттик шайлоо 2013-жылга белгиленген. Мен ага катышаар-катышпасымды али билбейм. Бирок өлкөнүн президенти жана Конституциянын кепилдөөчүсү катары мен ал шайлоо эркин, ачык жана демократиялык таризде өтөт деп сөз берем.

Мунун алдында тажик президенти НАТОнун баш катчысы Андерс Фог Расмуссен менен жолуккан эле. Расмуссен Рахмонго НАТО тажик өкмөтү менен алакасын бекемдөөнү кааларын билдирди:

- Биз Тажикстан менен Ооганстан боюнча диалогду тереңдетүүнүн жолдорун карап жатабыз. Туруктуу жана коопсуз Ооганстан НАТОнун да, Тажикстандын да кызыкчылыгында. Биз НАТОнун Ооганстандагы тынчтык миссиясына Тажикстан саясий да, практикалык да жардам көрсөтүп жатканына ыраазычылык билдиребиз.

Брюсселдеги сүйлөшүүдө 2014-жылдын этегинде Ооганстанда согуштук операциялар аяктагандан кийин Тажикстандын жардамы кандай болоору сөз болду.

Расмуссен Тажикстандын аба мейкиндигинен пайдалануу укугун ыйгарып, Дүйшөмбүнүн аба бекетинен пайдаланууга уруксат бергендиги үчүн тажик бийлигине ыраазычылыгын билдирди.

Мухтар Ауэзов – эки өлкөнүн орток жазуучусу

“Мен башка элдердин босогосун эки улуттук ыйык нерсе менен аттайм, бул “Манас” жана Мухтар Ауэзов” – бул сөздөр Чыңгыз Айтматовго таандык.

Казактын классик жазуучусу Мухтар Ауэзов кыргыз адабиятына опол тоодой салым кошкон. Айрыкча, “Манас” эпосун иликтеп, жайылтуудагы эмгеги ат көтөргүс. 8-апрелде Жусуп Баласагын атындагы улуттук университетте Мухтар Ауэзовду эскерүү кечеси өттү.

Кыргыз жана казак. Кылымдар бирге жашаган Орто Азиянын эгиз эли. Совет доорунда мына ушул эки элдин тарыхын, салт-санаасын, тилин бурмалоого көп эле аракеттер болгонуна тарых күбө. Анын эпкини “Манас” эпосуна да тийгенин профессор Бүбүйна Орузбаева жыйын учурунда мындайча эскерди:

- Согуштан кийин Мухтар Ауэзов баш болгон окумуштуулар “Манасты” басмага даярдай баштаган. Ага чейин эпостун 1000 жылдыгын өткөрүү демилгесин көтөрүшкөн экен. Анан ошол кезде, 1949-жылы Кытайда элдик революция болуп, Мао Цзэдун Кытай элдик республикасын түздү. Советтик бийликтин элирме жагын ушундан көргүлө. Ошондон көп өтпөй “Манас” эпосуна асылуу башталды. Кытайлар менен урушкан жеринин баарын Саякбай Каралаевге калмак кылып айттырып, кайра жаздырышты. Мен анда жаш элем, Мухтар Ауэзов эпосту биринчи болуп коргоп чыкканы эсимде.

Мухтар Ауэзовдун музейи
Мухтар Ауэзовдун музейи
Бул бороондун башталышы гана болчу. Эмки кезекте эпосту муунтуу аракети күтүп турган. Казактын чыгаан уулу Мухтар Ауэзов мына ошол саясатка биринчилерден болуп каршы чыккан. 1952-жылы Фрунзеде өткөн жыйында ал “Манас” эпосун төшү менен коргогонун профессор Ниязбек Шаршеев мындайча белгиледи:

- Бул киши 50-жылдардагы “Манас” эпосунун айланасындагы чатакка биротоло чекит койгон. Ошол кезде эпосту ашкере динчил, улутчулдук маанайда деп сындагандар көп болгон. Мухтар Ауэзов ал жарлыктын баарын четке кагып, “чыныгы элдик эпос” деп айтып чыккан. Бул анын кыргыз маданиятына кошкон эң чоң салымы. Экинчиден, Мухтар Ауэзов - эки элдин орток жазуучусу. Анын “Абай жолу” романын кыргыз окурмандар ушул кезге чейин колдон түшүрбөй окуп келет.

Мухтар Ауэзов “Манас” эпосуна Ташкенттеги Орто Азия университетинде аспирантурада окуп жүргөн кезде кызыгып, иликтей баштаган. Көздөгөн максатын ишке ашыруу үчүн 1930-жылы Кыргызстандын борборуна, ошол кездеги Фрунзеге келген.

Жазуучу кыргыз интеллигенциясынын алгачкы карлыгачтары менен таанышып, ал тургай айрымдары менен дос болууга үлгүргөн. 1937-38-жылдары репрессияга кабылып, атылып кеткен акын жана тарыхчы Белек Солтоноевдин кол жазмасынын Мухтар Ауэзов сактап калганын жазуучу Кеңеш Жусупов айтып отурду:

- Мухтар Ауэзов кезинде Касым Тыныстанов, Жусуп Абдрахманов, Белек Солтоноев менен жакшы мамиледе болгон. Белек Солтоноев Кеминдеги үйүнө бир канча жолу конокко чакырган экен. 1936-жылы репрессия желаргысы башталганда Белек Солтоноев 1000 беттик кол жазмасын Мухтар Ауэзовго табыштап, ал Казак илимдер академиясына тапшырыптыр. Кийин кызы аркылуу бул жакка алынып келди. Мухтар Ауэзовдун кыргызга кылган мындай жакшылыктарын санай берсек оголе көп.

Мурат Ауэзов
Мурат Ауэзов
Кыргыз менен казак. Илгери бул эки эл биринин башына кут консо, экинчиси кубанып, тескерисинче, башына иш түшсө, кабыргасы кайышчу тура. Тилекке каршы ортодогу мамиле акыркы кезде сууп, эки эл бири-биринен алыстап бараткансыйт. Жазуучунун уулу Мурат Ауэзов эскерүү кечеде кыргыз-казак ынтымагын бекемдөө керектигин, ага маданият гана данакер болорун айтты:

- Тарыхты карасак, казак-кыргыз кыйын кезеңде бири-бирин коргоп, колдоп турган. Ал ынтымакты кийин биздин аталар улантты. Эсимде, бала кезде ата-энем менен Ысык-Көлгө көп келчүбүз. Көбүнчө Түгөлбай Сыдыкбековдун үйүндө конок болоор элек. Кыргызга болгон жылуу сезим ошол кезде калыптанган десем болот. Албетте акыркы кезде казак-кыргыз ортосундагы маданий байланыштар мурдагыдай болбой, солгун тартып кетти. Биз аны кайра жандантуубуз керек. Экономика, соода - бул өлүү нерселер, бүгүн бар, эртең жок. Ал эми маданият түбөлүктүү.

Мурат Ауэзов муну менен катар “Манас” бул кыргыз-казактын орток дөөлөтү экенин белгиледи:

- “Манас” эпосу - бул казак-кыргыздын орток байлыгы. Мухтар Ауэзов ошону түшүнүп, Москванын чабуулунан коргоп калган. Бул тууралуу Чыңгыз Айтматов кийин жакшы эскерүү жазган.

Мухтар Ауэзов 1897-жылы 28-сентябрда Семей уездиндеги, Чынгыз болуштугунда (азыркы Чыгыш-Казакстан облусу, Абай району) туулган. Жаштайынан орус тилинде окуп, кийин Санкт-Петербург университетинин филология факультетин бүтүргөн. Ташкенттеги Орто Азия университетинде, аспирантурада окуп жүргөн кезде “Манас” эпосуна кызыгып, иликтей баштаган. Казак адабиятынын классикасына айланган “Абай жолу”, “Көк серек”, “Енлик-Кебек” ж.б. чыгармалардын автору.

Ауэзов - ынтымакты бекемдеген жазуучу
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:46 0:00

Кытай таасири күчөп баратабы?

Чек аралаш Кытай жана Кыргызстан мамлекеттеринин карым-катышынын күңгөй-тескейин “Азаттык” “арай көз чарай” талкуулады.

Кыргызстанда Кытайдын билим берүү жаатындагы кызматташтыгы күчтөнүүдө. Акыркы кездери тилин, маданиятын жайылтуу аркылуу Кытай Кыргызстанга таасирин күчөтүүдө деген пикирлер арбын айтыла баштады. Орусия, Батыш маданиятына ыктаган кыргыз коомчулугунда эмне үчүн кытай маданиятына умтулуу артууда? Кытай Кыргызстанга маданий жана экономикалык экспансия жасашы мүмкүн деген шектенүүлөрдө жүйө барбы? Экономикалык муктаждыгы күч бүгүнкү шартта Кыргызстан кошуна менен теңата карым-катышта жашап, ошол эле учурда улуттук кызыкчылыгын сактап калуу үчүн кандай аракеттерди жасашы керек?

Талкууга Жусуп Баласагын атындагы улуттук университеттин алдындагы Конфуций институтунун теңтөрайымы Үмүт Култаева, ТИМдин байкоочулар кенешинин мүчөсү, экономист-талдоочу Искендер Шаршеев, улуттук коопсуздук маселелери боюнча эксперт Бакыт Жумагулов катышты.

Үмүт Култаева: Конфуций институтунун миссиясы бир эле билим берүү эмес, кытай тилин жана маданиятын жайылтуу болуп эсептелет. Кытай мамлекети тилин, маданиятын дүйнө жүзүнө таанытып жатат. Бул институтту толугу менен Бээжиндеги Ханбан деген башкы штаб-квартира каржылайт. Билим берүүдө, илимде, маданият алмашуу жаатында мыкты долбоорлорду дайыма сунуштап, жаңы идеяларды колдоп турат.

Биздин университеттеги Конфуций институту да ошол дүйнөлүк тенденциянын агымында пайда болду. Анда 1700 студент бар. Кытай тили андан башка дагы бир нече структураларга кирип жатат. Мисалы, Эл аралык мамилелер, Экономика институттарына атайын кытай тили сабактары кирди. Улуттук университеттин ичинде кытай тилин үйрөнүү борборлору уюштурулган. Сабактарды Кытай эл республикасынан келген ыктыярчылар жана мугалимдер бекер окутушат, эмгек акысын Кытай тарап төлөп берет. Азыр окутуп жаткан кытайлык мугалимдер менен ыктыярчылардын саны жыйырмадай.

Кыргызстандык студенттер Кытайга да окууга жиберилип турат. Конфуций институту пайда болгондон бери (2007-жыл - ред.) Кытайда 300дөн ашык кыргыз атуулу стипендия алып, окуп жатышат.

Мындан тышкары ар кандай иш сапарларга барабыз, акысын Ханбан мойнуна алат. Жакында эле 26 кишиден турган делегация Тынч океанынын жээгиндеги Сиамен деген бир керемет шаарына барып келдик.

Талкууну толугу менен бул жерден угуңуз:



Бакыт Жумагулов: Биз Кытай менен Шанхай кызматташтык уюмунун айланасында тыгыз мамиледе көп иштерди алып барып жатабыз. Кытайдын өзүндө деле коркунучтары бар, мисалы, Синьзян, Тайван сыяктуу маселелерди ар бир отурумдарда көтөрө кетет. Ал эми биз айтып аткан коркунучтар Кытай экспансиясы, кытайлар деген маселе Кыргызстанда эле эмес, Казакстанда да көтөрүлөт. Өзбекстанда да, ал эмес чоң Россияда да актуалдуу маселелердин бири катары каралат. Экспансия дегенде эми миграция маселесин көзөмөлдөп эле, эсебин тактаса, тууралап койсо болот.

Кен байлыктарга инвесторлорду алып келишибиз керек. Ал боюнча жакшы келишимдерди түзсөк, өз кызыкчылыктарыбызды сактап калабыз.
Ошол эле мезгилде Кытай өзүнчө бир өнүгүү жолун көрсөткөн феномен болуп жатат. Биз ошол өнүгүүнү изилдеп, тилди үйрөнүп, аракеттерди жасашыбыз керек.

Куршабдагы кытайлык жумушчулар
Куршабдагы кытайлык жумушчулар
Өндүрүш Токтонасыров (угарман): Кыргыз кыздардын кытайлыктарга турмушка чыгышы, кайсы бир долбоорду жүзөгө ашырымыш болуп, жумушчуларды Кытай атуулдарынан алып келип жаткандыгынын бардыгы - митайымдык саясат. Кытай проблемасы дүйнөгө тарап атат деп туура айтып атат. Кытайдан келген мигранттарга муктаж эмеспиз. Муну тезинен токтотпосо кеч болуп калат. Маданий байланышты күчөтөлү. Экономика, инвестиция маселесине келгенде абдан сак болуш керек. Кытайлыктардын санын, кирип-чыкканын көзөмөлдөй турган мыйзам керек.

Искендер Шаршеев: Бүгүнкү күндө таза улуттук мамлекет жок. Белгияда мисалы, кандын тазалыгын сактап жүрүшкөндө кан бузулган. Саламаттыгы начар балдар төрөлө баштаган. Ошондуктан таза улуттагы мамлекет куруу мүмкүн эмес. Маданиятта улутчулдуктун болушу - башка маселе.
Кытайдын күчү – Кытай өзү 80 элге бөлүнөт, 40тан ашык тили бар. Бирок хань деген эли кытай деп, баарын бириктирип, кармап келатат.

Азыркы кезде Кыргызстанга чоң коркунуч жок. Анткени бул эки өлкө ортосунда Уйгур автоном облусу бар. Ал жерде азыр от жанып, кайнап турган кези. Үч жума мурда эле ал жерде жаңжал чыккан. Ал жерде уйгурлар, кыргыздар, казактар жашашат. Алар турганда Кыргызстанга анчалык коркунуч жок. Бирок маданиятыбызды өткөрүп берип койсок, Кыргызстан Кытайдын эле бир бөлүгү болуп калат. Маданий жактан кыргыз жоголушу мүмкүн.

Экономикалык жактан болсо күчтүү. Бирок Кытайдын экономикалык булагы америкалык, европалык, дүйнөлүк технологиялар. Кытайда бир проблема бар. Ал жерде жаңы технологияларды ойлоп таба алышпайт экен. Ал жактагы институттар көп учурда дүйнөлүк иштелген технологиялардын көчүрмөсүн алып, анан арзан жасаганга шыктуу.

Булардын артыкчылыгы, мисалы, бир кытай жумушчусу жумасына 6 долларга иштей берет. Ал эми Кыргызстанда андай акчага иштеген адамды көрө элекмин.

Түштүктө чек араларды кайтаруу күчөтүлөт

Кыргызстан Кытай менен чек арасындагы отряддарды кыскартып, мындан ары Өзбекстан жана Тажикстан менен чек арасын кайтарууну күчөтмөй болду. Бирок Чек ара кызматынын бул чечими Нарын жана Ысык-Көлдөгү Кытай менен чек аралаш аймактарда нааразылык жаратты.

Чек ара кызматынын жетекчилиги болсо кыргыз-кытай чек арасы тынч экенин, эки өлкө ортосунда делимитация, демаркация иштери толук аяктагынын белгилеп, кооптонууга негиз жоктугун айтууда.

Кыргызстандын Чек ара кызматынын башчысы Токон Мамытов Нарын жана Ысык-Көлдөгү чек ара отряддарынын кыскарышына эки негизди жүйө кармоодо. Мамытов кыргыз-кытай чек арасында абал тынч экенин, эки өлкө ортосунда аныктап-тактоо иштери толук аяктаганын айтып, экинчиден, ал жактагы кыскартуунун эсебинен түштүктөгү чек араларды кайтаруу күчөтүлөрүн эскертүүдө:

- Өзбекстан жана Тажикстан менен чек арабызда абал жакшы эмес. Делимитация, демаркация иштери аягына чыга элек. Келишимдерге кол коюла элек. Такталбаган жерлерибиз да көп. Түштүк тарапта абалыбыз бир аз оор. Ал жакка жетишпеген үчүн Нарын жана Ысык-Көлдөгү чек ара отрядын кыскарттык.

Анткен менен Чек ара кызматынын бул чечимине Нарында Кытай менен чектеш аймакта жашаган айылдыктар нааразылыгын билдиришүүдө. Өкмөттүн Нарын облусу боюнча өкүлү Канатбек Муратбеков Чек ара кызматы отряддарды эмне үчүн кыскартып жатканын элге түшүндүрбөгөндүктөн азыр аймакта түрдүү кептер тараганын айтат:

- Элге болгонун болгондой түшүндүрүш керек болчу. Азыр бизге телефон чалып, чек ара бекеттерин сатып жатыпсыңар, сатып алсак болобу деп кайрылгандар да бар. Андай эмес деп түшүндүрө албай жатабыз. Түрдүү кептер тарады. Экинчиден, келечекте чек арада эмне болоорун биз азыр айталбайбыз. Бизде баары жакшы, кооптонууга негиз жок дегенден алысмын. Чек араны күчөтүп карасак болмок деген ойдомун.

Муратбеков кээ бир учурларда чек арадан кыргыз тарапка мал издеп, адашып өтүп кеткен кытайлар да кезигээрин чабандардан угабыз дейт. Анын пикиринде чек арачылардын жумушу аз болгону менен элге караан болмок:

- Ачыгын айтканда азыр кытайлар биздин өлкөнүн да, өздөрүнүн да чек арасын кайтарып жаткандай сезилет. Биз эми мамлекет болгондон кийин чек араны таштап салган болбойт, алар жок дегенде караан болуп, элибиз чек арачыларбыз бар деген ой менен жашамак.

Кытай чек арасына жакын Ат-Башы районунун Кызыл-Туу айылынын жашоочусу Бактыбай Курмантаев айыл тургундары чек ара отряддарынын кыскарышына анчалык деле көңүл бурушкан жок, анткени чек арачылардын бар-жогун деле анча сезбейбиз дейт. "Бирок кез-кезде чек арадан мал издеп, адашкан, же мал уурдаган окуялар болуп турат" дейт Курмантаев:

- Кайсы чек ара бекеттери кыскараарын деле билбейбиз, менимче Аксай тараптагы Кызыл-Булак бекетин калтырып койсо болот. Коргон-Таш бекетин кыскартса болот деп ойлойм, анткени ал чек арадан деле алыс жайгашып турат. Бирок чек арачылар болбосо мал уурдагандар, адашкандар көбөйүшү мүмкүн.

Чек ара кызматынын башчысы Токон Мамытов кыргыз-кытай чек арасы такталып бүткөн үчүн кооптонууга негиз жоктугун айтууда:

- Кытай Эл Республикасы менен чек арабыз тынч. Эки өлкө өз ара жана Шанхай кызматташтык уюмунун алкагында чек араны кайтаруу боюнча келишимдерге кол койгонбуз, делимитация, демаркация иштери толук аяктаган. "Кытайлар чек араны бузуп бери кирет экен, биздин аймакка мал жайышат экен, кен байлыктарыбызды көтөрүп кетишет, базар курат" деген маалыматтар туура эмес.

Мамытовдун айтымында, Нарындын Кытай менен чектешкен айылдарында жашаган тургундарга маалымат берип, түшүндүрүү иштерин жүргүзүү үчүн бүгүн анын орун басары аймакка жөнөп кетти. Кыргыз-кытай чек арасынын жалпы узундугу 1080 чакырым. Эки өлкө чек араларын тактап, мамылар орнотулган.

Болат Атабаев: Үйдө баатыр, жоодо жок

Болат Атабаев

Казакстандык режисер Болат Атабаев Жаңы-Өзөн трагедиясы тууралуу пьеса жазууда. "Азаттык" менен маегинде Германияда сүргүндө жашаган оппозиция өкүлү кыргыздарга Казакстандагы «былык саясаттын кесепети» тийип жаткандыгын да белгиледи.

Жаңыл Жусупжан: Сиз өзүңүз чыгармачыл адамсыз. Кантип диссидент, саясатчы болуп кеттиңиз?

Болат Атабаев: Жашоо ошого алып келди. Себеби, мен көп убакыт бою үйдө телевизордун алдында, аш бөлмөдө өзүмдү сынаганды жакшы көрчүмүн. "Түй ата!" деген болуп, эч нерсени жактырчу эмесмин. Эгер эч нерсе жакпаса, өзүңө жаккандай кылып иште деп айтчумун өзүмө. 1998-жылдан баштап оппозицияга аралаша баштадым. Оппозицияда жүргөн кишилерди издеп, алар менен кездеше баштадым. Көп нерсени түшүндүм. Ошондон кийин айласы жогунан президент Нурсултан Назарбаев мени өзү оппозицияга "жетекте" деп алып келди. Анткени күндөгү тирлигим ага жакпайт, сөзү бир, иши башка.

Болат Атабаев: Үйдө баатыр, жоодо жок
please wait

No media source currently available

0:00 0:15:46 0:00
Түз линк

Жаңыл Жусупжан: Кыргызда “Үйдө баатыр, жоодо жок” деп айтат. Сиз үйдө баатыр болуп отуруп тажаган турбайсызбы?

Болат Атабаев: Үйдө баатыр болуп отуруп, өзүңдүн жашооңду гана ойлоп, тынч өмүр сүргөнгө болот эле, бирок мындай өмүр сүрүү мен үчүн эмес экен. Олтура берсең, үйдө олтура бересиң. Казакстан өтө бай мамлекет, жакшы өмүр сүрүүгө бардык мүмкүндүк бар. Ошол себептен Казакстандын адамдары көзү ачык, жүрөгү таза болуш керек. Андыктан мен жүрөгү таза адамдарды табайын деп, ушундай жолго түштүм.
Атабаев "Азаттыкта", орус тилиндеги видео:
Болат Атабаев: "С меня сделали быдло", часть I
please wait

No media source currently available

0:00 0:04:29 0:00

Жаңыл Жусупжан: Ошондой адамдар Казакстанда барбы? Анткени жазуучулар болобу, драматургдар болобу же өзүңүзгө окшогон режиссерлор болобу, көп учурда үн катышпайт. Көрсө да көрмөксөнгө салат же болбосо, мунун мага тиешеси жок деп, тетири бурулат. Балким, чыгармачыл адам өз дүйнөсүндө жашап, саясатка кийлигишпеси керектир?

Болат Атабаев: Мага “Эмне кыласың, спектаклдериңди коюп жүрө бербейсиңби” деп айтышты. Ал мүмкүн эмес экен. Анткени адамдын позициясы болбосо, көз карашы болбосо, анан чыгармачылык жол менен гана калкыма кам көрөм деген аракети туура эмес, ал болбогон иш. Анда спектаклиңди койдуртпайт, жумушуңду иштетпейт. Мисалы Жаңы-Өзөндөгү мунайчыларды ким аткан, ок атууга ким буйрук берген деген суроону сахнада койгум келет, бирок андай спектаклди мен Алматыда кое албайм. Анткени мунайчыларды атууга Назарбаев буйрук берген. Ошондуктан, мен мындайга ишенбейм, чыгармачыл адам чыгармачылыгы менен да, саясат менен да алектениши керек.

Жаңыл Жусупжан: Жаңы-Өзөн деп калдыңыз, сиз ал жакка барып, жумушчулар менен борбордук аянтта түнү менен калып, аларды митингге үгүттөп, петиция жазгыла депсиз. Анан сизди кантип Назарбаев жакшы көрсүн?

Болат Атабаев: Назарбаевдин жакшы көргөнү мага бир тыйын, кажети жок. Жөн гана ошол мунайчылардын маселелерин чечип бериш керек болчу. Жети жарым ай созбой, аларды кан какшатпай. Алар жети жарым ай акча жок, үйлөрүндө тамак жок, суукта, жамгырда, карда, күндүн ысыгында олтурган адамдарды депрессияга учуратып, акыры атып, өлтүрүп тынды. Максаты эмне болгон? Калкты коркутуу, элдин үрөйүн учуруу болгон. Калк корксо, ал андан ары бийиликте олтурууга мүмкүндүк алат. Коркок калк эч нерсе айта албайт. Кыргыздар сыяктуу эмес казактар. Кыргыздар эки ирет революция жасашты.

Жаңыл Жусупжан: Сиз "дяхан" турбайсызбы. Бул ат кайдан чыкты?

Болат Атабаев: "Дяха" деген ат түрмөдө олтурганда чыкты. "Дяха" деген сөз эмне?” деп сурадым. Түрмөдө "дядя" деген бар экен, анан "дядядан" жогору турган "пахан" деген кылмышкерлердин башчысы бар, ал дагы кылмышкер. "Пахан" бардык кылмышкерлерди башкарып олтурат экен, ал эми "дяха" андан төмөнүрөөгү дейт. Түрмөдө мага"дяхан" деген ат коюлду , ошол бойдон "дяхан" болуп, жыйырма күндөй абакта отурдум.
Атабаев "Азаттыкта", орус тилиндеги видео:

Болат Атабаев: "С меня сделали быдло", часть II
please wait

No media source currently available

0:00 0:04:32 0:00
Жаңыл Жусупжан: Сизди эмнеге отургузуп коюшту?

Болат Атабаев: Анткени Жаңы-Өзөндөгү мунайчыларды колдодум. “Сен тартипти буздуң, элди мамлекетке каршы үгүттөдүң” деп. Кантип мен бийликке каршы үгүттөдүм? Эгер бийлик такыр иштебей жатса, бийликтики туура эмес десем, ошол үгүт болобу? Мен чындыкты айттым, ал эми чындыкты айтсаң бийликке жакпайсың. Ал эми чындык ошол, бийлик мунайчылардын жагдайын чечүүгө таптакыр аракет кылган жок.

Жаңыл Жусупжан: “Столыпинский вагон” сизге жактыбы? Ал деги кандай вагон экен?

Болат Атабаев: "Столыпинский вагон" мал ташый турган вагондор. Купенин ордуна бир жагы темир менен курчалган, терезеси жок, экинчи жагы эшиктин ордуна темир тор кылып жасап коюшкан. Алты киши олтура турган орунга он сегиз кишини олтургузуп, элүү градус ысыкта беш күн жол жүрүп, Актаудагы түрмөгө алып барышты.

Жаңыл Жусупжан: Сиздин диабет ооруңуз бар экен, элүү градус ысыкта киши тыгылган вагондо беш күн камаганды Эл аралык мунапыс уюму кыйноо деп айтмак, бирок "дяхан" катары сизге жакшы шарт түзүлдүбү?

Болат Атабаев: Ооба, кылмышкерлер саясий айыпкер деп, түрмөгө отургузгандан кийин менин статусумду бийик санашты. Анткени “сен чындыкты айткан адамсың, сен кылмыш жасаган жоксуң, сен чындыкты айтам деп ушул жерде отурасың” деп мага жакшы шарттар жасалды. "Столыпиндин вагонунда" отурган кезде кайсы жерде аба жакшы болсо ошол жерге мени олтургузушуп, суу беришип, ахвалымды карап жатышты, ошого карабастан ооруп калдым. "Диабетическая кома" деген болот, эстен танып калат, ошол ахвалга түшүп кала жаздадым. Анткени дарыны иче бергем, бирок тамак жок, тамак беришпейт, суу иче бергем, анан төртүнчү күнү канымда канттын деңгээли тез төмөндөп кетип, уйкум келип куладым, ойгонсом чайга кантты салып, сиропту оозума куюшкан экен, ошентип тирилтип алышты.

Жаңыл Жусупжан: Анан түрмөдөгүлөргө лекция окудуңуз, көркөм өнөрдүн тарыхын үйрөттүңүз?..

Болат Атабаев: Көркөм өнөрдү кабыл алуунун психологиясын, кантип кабыл алуу керек деген темада лекцияда окудум.

Жаңыл Жусупжан: Кандай кабыл алышты?

Болат Атабаев: Албетте, андайды угуп көрбөгөн, беш, он, он беш, он жети жыл түрмөдө отурган жигиттер ооздорун ачып, көздөрүн жуумп угушту. Алар да баарын билгиси келет, анткени аларда да ой бар. Олтургандардын тең жарымы өзүн күнөөсүз эсептешет, кой уурдаган, уй уурдаган.

Жаңыл Жусупжан: Миллионду уурдагандар Швейцарияда олтурат да!

Болат Атабаев: Миллионду уурдагандар өйдөдө олтурушат, ал эми булар кой уурдаган, тай уурдаган. Ошон үчүн түрмөдө олтурушат, соттолуп төрт жыл, беш жылга түрмөгө кесилишет.

Жаңыл Жусупжан: Сиз жанараак Кыргызстанды айтып кеттиңиз, бирок бизде мисалы, Аксы окуясында алты киши атылды, анын айынан 2005-жылы революция болду. Кийин бир адам бийликти ээлеп алган, бир журналист, бир оппозиция өкүлү өлтүрүлдү, ошондон кийин эл кайра көтөрүлдү. Казакстанды карап көрсөк, Нуркадилов баш болгон бир канча киши шектүү жагдайларда өлүп кетти, Жаңы-Өзөндө он жети киши өлдү, казактар козголгон жок. Бул улуттук өзгөчөлүкпү?

Болат Атабаев: Козголбойбуз. Коркокпуз.

Жаңыл Жусупжан: Коркоктуктанбы же сабырдуулуктанбы?

Болат Атабаев: Коркоктуктан, анткени байлыгымдан айрылып каламбы дейбиз. Жумуштан айрылып каламбы же нанымдан айрылып каламбы дейт. Мисалы, кыргыздар айрылып кала тургандай, ал жерде байлык жок. Өздөрүнүн аягындагы кишенден башка эч нерседен айрылбайт.

Жаңыл Жусупжан: Сиз "Кыргыздар итке минген жакыр, ошон үчүн төңкөрүш кыла берет" деген Назарбаевдей айтып койдуңуз го?

Болат Атабаев: Назарбаев элди, оппозицияны “Кыргыздар бири-бирин атып жатышат, өлүп жатышат” деп коркутту, террористер менен да коркутту. Биз коркокпуз, коркуп олтурабыз. Казакстанда территория чоң, тигил баштан бул жакка жеткенче, эл көтөрүлгөнчө, ойлонгончо, толгонгончо убакыт кете берет, кете берет. Бир жагы көтөрүлүп жатканда, экинчи жагы басыла берет, экинчи жагы көтөрүлүп жатканда, бери жагы басыла берет, ошону менен биримдик жок, уюмдашуу жок. Кыргыздардын территориясы чакан, өздөрү да бирдиктүү, бири-бирин колдоп кетет. Ошондуктан сиздер бизге караганда демократияга тезирээк жеттиңиздер.

Жаңыл Жусупжан: Биздеги демократиянын да өзгөчөлүктөрү бар. Казакстанда деле демократия бар деп айтышат. Сиз өзүңүз деле "Бизде көк помидордой демократия бар" деп айттыңыз. "Кызарбайт" дегениңиз "уялбайт" деген маанидеби же болбосо "чирибейт", "бузулбайт" деген мааниде айтып жатасызбы?

Болат Атабаев: Ооба, кызарбайбыз биз. "Страна вечнозелёных помидоров" деп атайм. Кызарып, уят болуп, бала-чакабызга, неберелерибизге уят болуп, аларга кандай өлкөнү таштайбыз, алар кандай мамлекетте өмүр сүрөт деп ойлонбойбуз. Бир тойгонубузга, кийгенибизге, ичкенибизге ыраазы болуп жүрөбүз.

Жаңыл Жусупжан: Сиз дагы "биздин муун, чириген муун" деп айтасыз. Сиздерден кийин келаткан муунга ишенесизби?

Болат Атабаев: Ишенем, анткени биздин муун эмне болуп жатканын алар көрүп турушат, алар бизге сын көз менен карайт. Бирок алардын арасынан чыгабы, чыга коёбу? Бирок чыгышы керек. Чыгаарына ишенем.

Жаңыл Жусупжан: Сиз "Мен жаран экенимди көрсөтө алган жокмун" деп айтып жатасыз. Анда Казакстанда деги ким жаран?

Болат Атабаев: Жарандын баары, өздөрүнүн ою, максаты, үмүттөрү бар адамдар, түрмөдө олтурушат. Мисалы, Владимир Козлов, Вадим Курамшин, Роза Төлөтаева, Совет Ибраевдер азыр түрмөдө. БТА банкта иштеген банкир кыз-жигиттер олтурушат, Аблязов менен бирге жумуш иштеген үчүн олтурушабы? Түшүнбөймүн! Ошолордун баарын карап, унчукпай олтурабыз...

Жаңыл Жусупжан: Бүгүнкү күнгө карата кыргыздар менен казактар кандай мамиледе болуп жатат? Кайсы жакка баратат деп ойлойсуз?

Болат Атабаев: Кыргыз менен казак тагдырлаш калк. Эгер Казакстанда демократия орносо, мүмкүн кыргыздардын демократиясы башкача болмок. Биздин Ак Ордобуздун кылган кылыктары азыркы кыргыз элинин бийлигине таасирин тийгизбей койбойт. Анткени экономикалык байланыш болгондон кийин, саясий байланыш да болот. Кыргыздар экономика жагынан казактарга көз каранды. Казакстан суу жагынан Кыргызстанга көз каранды. Ушулардын баары бири-бирине таасир этпей койбойт. Ошондуктан, эки элде тең демократия орносо, эки элде тынчтык болсо, баарыбызга жакшы болоор эле. Биздеги болуп жаткан нерселер силерге таасир этпей койбойт.

Жаңыл Жусупжан: Же тескерисинче. Азыр Кыргызстан Казакстанга сүт экспорттоп жатпайбы. Бир күнү революцияны дагы экспорттоп жибериши мүмкүнбү?

Болат Атабаев: Жакшы болоор эле, бирок андай болбой жатат.

Жаңыл Жусупжан: Революциянын түрлөрү бар. Сиз "нааразылык билдирүүнүн маданияты" деп айтасыз. Ал кандай болуш керек? Тынчтык жол менен, элдин мамилесин өзгөртүү, агартуучулук, тамаша, мисалы, театр менен төңкөрүш жасаса болобу, же сөзсүз кан төгүлүшү керекпи?

Болат Атабаев: Кан төгүлгөн жаман. Бийлик бир адамдын дагы өмүрүнө турбайт. Ошондуктан "Кет!" деген кезде, адам өзү кетиши керек. Адам өзү мен эмнеге өз убагымда кетпейм, мен эмнеге маңги болуп олтурам деп ойлонушу керек. Демек былыгы бар, ал жумуштан кетсе калк соттоорун билет, ошон үчүн кете албайт. Ошондуктан руханий тазалануу, руханий тазалык керек. Руханий жаңыруу, руханий тазалыкка жетүү үчүн адам өзүнө сын көз менен караш керек. Ал эми биздин бийликте олтурган адамдар өздөрүнө сын көз менен карашпайт, аларды сындасаң жакпайсың. Ошондуктан эки элде тең тынчтык орнотуш үчүн, эки эл чындыктын жолунда болуусу зарыл. Куу түлкү оюн, коррупция, бири-биринен жашыруу болбош керек. Мисалы, Курманбек Бакиев биринчи эмнеге Казакстанга жашынды? Ага шарт түзгөн ким? Назарбаев. Демек, ал дагы кылмышкер. Бир кылмышкер экинчи кылмышкерди жашырат. Эгер андай болбосо, башкача жашаар элек! Мүмкүн кыргыздардын ахвалы башкача болмок, экономика жагынан күчтүрөөк болмок.

Жаңыл Жусупжан: Сиз азыр Бертольд Брехтин мекенинде жашап жатасыз. Сизди эл аралык Мунапыс уюму бир кездерде "абийир туткуну" деп атаган. Азыр башыңыз бош, эркин коомдо жашап жатасыз. Бирок балким, сиз Казакстанда калсаңыз, ошол жакта болгонуңузда, казактарга пайдаңыз көбүрөөк тиймекпи?

Болат Атабаев: Эгер мен Казакстанда калсам, түрмөдө олтурат элем. Ал эми бул жерде оозумду жаппайм. Мүмкүн элиме деген көмөгүм, жардамым ушул болоор.

Жаңыл Жусупжан: Албетте, ар кандай жол менен жардам берсе болот. Анын ичинде Бертольд Брехт сыяктуу көркөм чыгарма менен адамдардын аң-сезиминде "төңкөрүш" жасоо мүмкүн. Сиздин көркөм өнөр жаатындагы, театрдагы пландарыңыз кандай?

Болат Атабаев: Азыр Жаңы-Өзөн окуялары тууралуу пьеса жаздым. Ошол пьесамды Германияда коём. Ал пьесада өлгөндөр менен тирүү калгандардын ортосундагы байланышты көрсөтөм. Өлгөндүн көзүн тирүү адам жабат, өлгөн адам тирүү адамдын көзүн ачат. Ошондуктан ал спектаклдеги, пьесадагы башкы маселе - ким менин баламды аткан, ким менин күйөөмдү аткан, ким менин тууганымды өлтүрдү?- деп тирүү калгандар ыйлайт. Мунун жообун өлгөндөр айтат.

Жаңыл Жусупжан: Арбактар менен сүйлөшүү болот турбайбы?

Болат Атабаев: Ошол тирүү калгандар арбактарды эстебейт. Арбактар Назарбаев аткан деп айтып жатса да, тирүү калгандар бул чындыкты уккусу келбейт, коркот.

Жаңыл Жусупжан: Пьесанын аталышы кандай болот?

Болат Атабаев: Атын азыр коё элекмин, бирок алдын ала "Жанаозен" деп атадым.

Жаңыл Жусупжан: Сизге чоң рахмат, чыгармачык ийгилик көп болсун!

Түркмөнстан: коргоочу көз салган жумалык

"Түркмөнстан - чын ден соолуктун жана бийик рухтун мекени". Ден соолук жана бак-таалай жумалыгы 1-апрелде түркмөн жергесинде ушундай ураан менен башталды.

Түркмөн сыналгысынан алып баруучу президент Гурбангулы Бердимухамедовдун "бул иш-чаралар биздин коомдун прогресске тынчтык жол менен бараткандыгын далилдейт" деп айткандыгын билдирди.

Президент айткан иш-чаралар Эл аралык саламаттык күнү болгон 7-апрелде аяктоодо.

Сыналгыдан көрсөтүлгөн репортажда кудум эле Түндүк Кореядагыдай бирдей формачан мектеп окуучулары, койондой окшош кийинген спортчулар, аппак халатчан дарыгерлер ар кайсы жерлерде шахматтын тактасындагыдай чатыраш туруп алышып, компьютердик программа менен кыймылга келгендей, эч кынтыксыз, бардыгы бир мезгилде дене-тарбия көнүгүүлөрүн жасап жаткандыгын көрүүгө болот.

Репортаждын 58-мүнөтүндө мамлекеттик кызматкерлер топтошо калганда, "аркадаг" (коргоочу) деген жазуу пайда болот. Белгилүү болгондой, Түркмөнстандын Аксакалдар кеңеши азыркы президентке ушундай расмий ысым ыйгарышкан.

Мамлекеттик маалымат каражаттары кабарлагандай, 7-апрелде Ашхабатта спорттун 25 түрү боюнча мелдештер өтөт.

Ден соолукту караган жакшы деңизчи, бирок апталык кээ бирлер үчүн кымбатка түшүп калууда. Ашхабаттык 37 жаштагы дарыгер Аннаораз "Азаттыктын" түркмөн кызматына ал иштеген институт былтыркы формадан баш тарткандыктан, 35 долларга жаңысын сатып алууга мажбур болгондугун билдирди. Атайын тигилген формадан тышкары, ар бир министрлик ар кыл спорт мелдештерине өз командасын жибериши керек.

"Бул иш-чаралардын көбү көргөзмө үчүн гана өткөрүлөт. Биз мисалы дене-тарбия көнүгүү теледен келгендерге бир нече жолудан улам кайталап көрсөттүк. Кабарчыларды бир нече саат күттүк, анан бизди 2 сааттай тартышты" дейт Аннаораз.

Апталыктын чегинде анын катышуучулары Ашхабаттын сыртындагы Сердар жолу менен сегиз чакырым асфалтталган айланма жолду басышат. Сердар түркмөн тилинде уруу башчысы дегенди билдирет. Коомдук чоң салтанаттарда бул жол менен басуу салтын маркум президент Сапармурад Ниязов киргизген. Бирок 2000-жылы ал бүт министрлерди Сердар жолдо бастырган, өзү болсо тикучмага отуруп алып, алардын дөбөгө чыкканын асмандан көз салып турган.

Акыркы жылдары Түркмөнстан өзүн дүйнөгө спортко берилген улут катары көрсөтүүгө аракеттенип келет. Өлкөдө суу спорт борбору, кышкы спорттун түрлөрүнө арналган ак сарай, 20 миң кишиге эсептелинген стадион жана ат майданы курулду.

"Казахмыстын" баалуу кагаздарынын куну качты

"Казахмыстын" ишканасы.

Дүйнөдөгү жез өндүрүүчү гиганттардын бири - “Казахмыс” компаниясынын баалуу кагаздарынын куну 8% арзандады.

“Казахмыс” акциялары Лондондун фондулук биржасында катталган тоо кен тармагында иштеген 350 компаниянын бири. Март айынын башында эле компания өздүк баасы же жалпы капиталынын көлөмү боюнча биржадагы 100 мыктынын катарында болчу.

“Казахмыс” жез жана күмүш өндүрүү боюнча дүйнөдөгү эң чоң он компаниянын бири. Анын 20 рудниги, 10 тоо кен комбинаты, 2 жез эритүүчү заводунда 60 миң адам эмгектенет.


Албетте, акциялардын арзандашы “Казахмыстын” өздүк капиталын 2,2 млрд. долларга азайтканга мажбурлады. Бул болжолдонуп жаткандан 520 млн. долларга көп. Анын себебин компания өлкөдөгү дагы бир металлургиялык дөө-шаа Eurasian Natural Resources корпорациясы, кыскача ENRCтеги 26 проценттик үлүшүнүн наркынын төмөндөшү менен түшүндүрдү. Бул корпорация өткөн жумада жарыялаганга караганда, алюминийдин дүйнөлүк рынокто арзандашына, платина өндүрүүдөгү проблемаларга жана Африкадагы жез өндүрүшүндөгү өзгөрүүлөргө байланыштуу 2012-жылы 1, 2 млрд. доллар чыгым тарткан.

Көп тармактуу Eurasian Natural Resources корпорациясы Кытай, Орусия, Бразилия, Африкада иш жүргүзөт. Акциялары Лондондун биржасында сатыкка коюлган. Хромдун кору боюнча ENRC КМШдагы биринчи орунда турат.

Казакстандык экономист Рахман Алшанов “Казахмыстын” Британиянын фондулук биржасында сатыкка коюлган акцияларынын наркы качканын убактылуу көрүнүш деп санайт жана өндүрүшкө, жумушчуларга эч кандай таасир этпесин айтат:

- Жалпылап айтканда, “Казахмыстын” келечеги жакшы. Сырье жагынан айрым проблемалар болсо дагы, азыр анын үстүнөн ургаалдуу иштешүүдө. Баалуу кагаздардын наркы дайыма бирде өйдө кетип, бирде ылдый кетип, туруктуу болбойт эмеспи. Акциялардын убактылуу арзандашы жумушчуларга таасир этпейт. Себеби компаниянын келечеги жакшы, пайдубалы бекем. Компаниянын заводдорун сырье менен камсыздоо боюнча проблемасы бар. Бирок алар жаңы кендерди иштеткени жатышат. Башка өлкөлөрдө да сүйлөшүүлөрдү жүргүзүшүүдө. Ошон үчүн компания менен эртең бир нерсе болуп кетет дегенге эч кандай негиз жок.

“Казахмыстын” жетекчилиги 2012-жылдын жыйынтыгы боюнча жалпы чыгашасы 2,27 млрд. долларды түзгөнүн, кирешеси 2011-жылга салыштырмалуу 30 процентке азайганын билдирди. Анын ичинде Кыргызстандын Ала-Бука районундагы Бозумчак кенин өздөштүрүүгө 162 млн. доллар сарптаган. Бул кен иштей баштаса, алтын жана жез өндүрүлөт.

“Казахмыс” жез жана күмүш өндүрүү боюнча дүйнөдөгү эң чоң он компаниянын бири. Анын 20 рудниги, 10 тоо кен комбинаты, 2 жез эритүүчү заводунда 60 миң адам эмгектенет. Казакстанда өндүрүлгөн жездин 90 проценти ушу компанияга таандык.

Компаниянын эң чоң акционери, анын Директорлор кеңешинин төрагасы Владимир Ким. Ага “Казахмыстын” акцияларынын 28 проценти таандык экенин финансы дүйнөсүндө кадыр-барктуу Financial Times гезити 27-мартта жазды. Казак өкмөтү компаниянын акцияларынын 26 процентине ээ.

Бирок Globall Witness бейөкмөттүк уюмунун компаниянын ээлеринин үлүшүн тастыктаган документтерди көрсөтүү өтүнүчүн “Казахмыс” 2005-жылы Лондон биржасына катталганда бардык талаптарды аткарганын айтып, эки жыл мурда четке каккан.

Баш кеңсеси Лондондо жайгашкан Globall Witness ишкерлик чөйрөсүндөгү жемсөөлүк жана адам укуктарын бузууларга байкоо салат. Бул уюмдун талдоочусу Томас Мэйн акционерлер үчүн ишкананын ээлери ким экенин, операцияларды кандай жүргүзгөнүн билип туруу маанилүү дейт:

- Биз мурда айтканбыз: компания талаптагыдай ачык болсо, биз анын операцияларын көзөмөлдөй алмакпыз. “Казахмыс” Лондондо катталып жатканда, анысын толук тактай албай калганбыз. Инвесторлор үчүн ишкананын ээлери ким экенин тастыктаган документтерди көрүшүбүз керек. Себеби “Казахмыстын” айрым менеджерлери менен Казакстандын президенти ортосундагы байланыштар бар экени айтылып жүрөт. Компания жездин баасы 10 процентке арзандагандан улам, акциялары кунун жоготконун билдирди. Башка себептерин ачыкка чыгарбады. Казакстандык жана британиялык акционерлер эмне болгонун ачык билиш керек.

Лондон биржасынан келген кабар казакстандык компаниянын баалуу кагаздарына кызыккандар азаят, андан улам өндүрүштү кеңейтүүгө зарыл капитал бир кыйла таңкыс болот дегенди түшүндүрөт.

Ырас эле, маалымдалгандай, үстүбүздөгү жылы “Казахмыс” жез өндүрүүнү кыскартапйт. Бирок жогорудай айтылгандай, эл аралык базарда жездин баасы арзандагандан улам өндүрүштүк чыгымдарды өткөн 2012-жылга салыштырмалуу 10 проценттен 25 процентке чейин кыскартат.

Казактардан шылкылдак

Карагандыдагы Мамлекеттик техникалык университеттин студенттери Кайрат Маштыбаев менен Элдар Ахмедов.

Казакстанда Билим берүү министри «Гарлем шылкылдакты» бийлегенден кийин окуудан чыгып калган студенттерди кайра калыбына келтирүүнү сунуштады.

Казакстанда эки студент дүйнөдөгү эң модалуу шылкылдама бийди бийлегендиги үчүн жазаланбай калышы мүмкүн. АКШдан тараган «Гарлем шылкылдакты» (Harlem shake) түштүк корейлердин «Гангам стилиндеги» бийи менен «кайраштырган» тасмасы интернеттеги Ю-Тюб видео порталына чыккандан кийин, Кайрат Маштыбаев менен Элдар Ахмедов Карагандыдагы Мамлекеттик техникалык университеттен чыгарылган эле.

Университет бул тасманы Маштыбаев менен Ахмедов тартып, монтаждаганын аныктаган. Аларга «окуу жайдын менчигине залал келтирип, тополоң салып, университеттин чарба кызматкерин ыза кылган» деген кине тагылгандан кийин экөө шылкыйып, үйлөрүнө кетишкен.

Мына эми ишке Билим берүү министрлиги кийлигишип, эки бийчи кайра окуусун уланта турган болууда. Министр Бахытжан Жумагулов ушул аптада кабарчылар менен жолукканда, экөөнө «ашкере катуу жаза» колдонулуп жаткандыгын айтып, мамлекеттик окуу жайдын жетекчилигине "экөөнү кайра калыбына келтирүүгө көрсөтмө берем" деп убада кылды.

Университет министрдин айтканы боюнча билдирүү жасай эле. Бирок студенттер Маштыбаев менен Ахмедов «Азаттыктын» казак кызматына окуусун 20-марттан тартып уланта алаары айтылгандыгын билдиришти.

Видео тасмада эркек балдардын тобу узун сүйрү үстөлдө үн катпай сабак окуп отурганын көрөбүз. Бир убакта бетине көзүнөн ылдый ак беткап байланган бала үстөлгө чыга калып, «Гангам» стилинде бийлеп кирет.



Көп өтпөй сахнага айланган үстөлдүн үстүнөн бул баланы жүзүн толук беткапка жашырган бирөө түртүп салып, «Гарлем шейк» бийин аткара баштайт. Калган балдар баш көтөрбөй, сабагын окуп отурушат, бирок «Гарлем шылкылдак» видеолорунун салты менен бир убакта "тозок" башталат да, бүт беткапчан, египеттик мумиялардай бутунан башына чейин ак бинт менен байланган балдар тирилген өлүктөрдөй шылкылдап бийлеп башташат. Шылкылдаган себеби, зыңкыйган мумиялар тирүү жандай бийлей албайт эмеспи!

Бул аткарууда студент балдардын кылыгын дубалдан карап турган президент Назарбаевдин сүрөтүнө зыян келтирилбеген шекилдүү.

Караганды Мамлекеттик техникалык университети феврал айында эки студентти окуудан чыгарып салгандан кийин, башка шаарларда флэш-моб нааразылык акциялары өткөн эле. Алардын биринде экс-депутат Бахыт Сыздыкова Астанадагы соода борборунда «Гарлем шейкти" аткарган.

Эми казак билим берүү министри университет бул балдарга эскертүү берүү менен чектелиши керек деп жатат. «Окуудан чыгарылгандан кийин экөө мамлекеттик грант алуу укугунан биротоло кол жууп калат, ошондуктан мен муну өтө катуу жаза деп эсептейм жана аны жумшартууга аракеттенем» деди Жумагулов.

«Гарлем шейкти» аткаргандар жазаланган учурлар буга чейин да болгон. Төгөрөктүн төрт бурчунда сансыз студенттер окуу жайларда шылкылдап бийлегенден кийин желкеге жеп, айлалары куруган. Ушул айда эле Австралияда 15 шахтер жер алдында "Гарлем шейкти" аткаргандан кийин жумуштан куулуп калышты.

Аты айтып тургандай «Гарлем шейк» АКШнын Нью-Йорк шаарындагы Гарлем ооданында 1980-жылдары чыккан. Ал эми «Гангам» стили Түштүк Кореянын Гангам дубанындагы тургундардын көйрөң жашоо стилин туурагандардын бийи катары дүйнө жайылып кеткен.

Орусия-Түркмөнстан: Кош жарандыктагы айрылыш

Түркмөнстан -- жарандык паспорт.

Түркмөнстанда быйыл жайда эски үлгүдөгү паспортторду жарактуу мөөнөтү бүтөт. Муну утурлай расмий Ашхабаддын Орусия менен кош жарандыкты токтотуу боюнча практикалык кадамдарды көрө башташы эки паспорттуу түркмөнстандыктар менен бирге Москваны да камтамага салгандай.

Түркмөнстанда расмий маалыматка караганда, өлкөнүн эски үлгүдөгү улуттук паспорттору 10-июлдан кийин биротоло жараксыз болот. Мунун ордуна жарандар жаңы биометрикалык паспортторду алышы керек.

Мына ушул паспорт алмашуу жараяны учурунда кош жарандыгы, атап айтканда Орусиянын да, Түркмөнстандын да жарандыгы бар атуулдардан эки өлкөнүн бирин тандоо талап кылынууда.

Орусиянын расмий өкүлдөрүнүн, өкмөтчүл эксперттеринин комментарийлерине караганда, Москваны мына ушул жагдай кабатыр кылгандай.

Саясий изилдөөлөр боюнча Москвадагы борбордун директору Алексей Мухин “Азаттык” менен маегинде Орусиянын турумун “табигый камкордук” деп түшүндүрдү:

- Орусия Түркмөнстан менен карым-катыштын көбүрөөк түйүнүн сактоого аракеттенүүдө. Акыркы жылдары андай түйүндөр азайгандан азайып бара жатат. Орусиянын азыркы туруму албетте, Түркмөнстанда жашаган орус тектүү элдин кызыкчылыгын коргоо аракети менен байланыштуу. Бул табигый эле камкордук. Менимче, жакынкы убактарда Орусия Түркмөнстанда жашаган орустардын бир бөлүгүнө белгилүү бир жеңилдиктер менен Орусияга көчүүнү сунуш кылат.

Кремлдин басма сөз кызматы билдиргендей, Түркмөнстандын кош жарандыгы бар атуулдарынын маселесине президенттер Владимир Путин менен Гурбангулы Бердымухаммедовдун 11-марттагы телефон сүйлөшүүсүндө “өзгөчө” көңүл бурулган.

Кээ бир байкоочулар расмий Ашхабаддын Орусия менен кош жарандык келишимин сактоодон кетенчиктей баштоосун кандайдыр бир деңгээлде 2008-жылдагы орус –грузин согушунун таасири менен байланыштырышат.

Анткени Орусия Грузия өзүнүн бир бөлүгү катары санаган Түштүк Осетияга аскерлерин киргизүүдө орус жарандарын коргоо деген да жүйөөнү карманган болчу.

Швецияда жашаган түркмөн жазуучусу Акмухаммед Велсапар Ашхабаддын Орусия менен кош жарандык келишиминен баш тартуусунда саясий жүйөө бардыгын жокко чыгарбайт.

Бирок ал “Азаттык” менен маегинде азыркы жараян мурдагы президент Сапармурад Ниязовдун тушунда эле башталганын эске салып, буга 2002-жылдагы окуя түрткү бергенин белгиледи:

- Бул мурда эле башталган. 2002-жылдын 25 ноябрында, түркмөн бийликтери ырастагандай, мурдагы тышкы иштер министри Борис Шихмуратов мамлекеттик төңкөрүш жасоо аракетине барган. Түркмөн бийликтеринин пикиринде, ага бул ишти аткарууда кош жарандуулугу жардам берген. Алар оңунан чыкпай калды деп аташкан төңкөрүштү уюштурууга ошол учурда орус-түркмөн жарандыгы бар адамдар катышкан. Ушул мүмкүнчүлүктөн пайдаланышып, Орусия менен Түркмөнстан ортосунда эркин каттап, пикир алышып турушкан. Менимче, бийликке Гурбангулы Бердымухаммедов келгенден кийин деле ушул эле көз караш, маанай сакталып калды. Андыктан Бердымухаммедов Ниязов баштаган ишти аягына чыгарууга умтулууда.

Орусия – Түркмөнстан кош жарандыгынын тарыхына келсек, эки өлкө мындай келишимге алгач 1993-жылы кол коюшкан. Кайра 2003-жылы ал келишимдин күчүн токтотуу боюнча протокол түзүшкөн. Соңку документти түркмөн парламенти дароо ратификациялаганы менен Орусия думасы бекитүүдөн баш тарткан.

Жазуучусу Акмухаммед Велсапардын пикиринде, түркмөн бийликтерин чоочуткан “илинчек” мына ушул жерде жатат.

Саясий изилдөөлөр боюнча Москвадагы борбордун директору Алексей Мухин “Азаттык” менен маегинде кош жарандык жоюлушунан буга чейин эки паспорту болгон түркмөнстандыктарга тие турган ыктымал кесепеттерге токтолду:

- Орусия азыр Евробиримдик менен визасыз режим, чек араларды ачуу боюнча активдүү сүйлөшүү жүргүзүп жатат. Мындан улам Борбор Азия өлкөлөрүнө Орусиянын виза киргизүүсү боюнча маселе да күн тартибине чыгууда. Андыктан мурда кош жарандуулук Түркмөнстан жарандары үчүн принципиалдуу эмес болсо, азыр мунун актуалдуулугу артты. Анткени бизнес жасоо, Орусияга каттоодо виза алууга туура келип калышы мүмкүн. Бул албетте, белгилүү бир тоскоолдуктарды жаратат.

Маалыматтарга караганда, Түркмөнстандын кош жарандыгы бар жашоочуларынын саны 150 миңдин тегерегинде.

Ашхабаддан түшкөн кабарларда жергиликтүү бийликтер, миграция мекемеси кош жарандыгы барлардын кайсы жарандыкта каларына кызыгып, тактоого киришкени, ал эми мамлекеттик авиокомпания 10-июлдан кийин авиабилеттер биометрикалык паспорт же түркмөн визасы болсо гана сатыларын эскертип жатканы айтылат.

Каримовдун саламаттыгы кайрадан көңүл чордонунда

Өзбекстан президенти Ислам Каримовдун бир нече убакыттан бери элге көп чыкпай калышы анын жүрөгү кармап оор абалда жатат деген айың кептерге жем таштады. Президенттин кеңсеси бул маалыматты төгүнгө чыгарганы менен, андай имиштер Каримовдун ордун ким басат деген эски дискуссияны кайра жандандырды.

Өзбекстандын Мамлекеттик телеканалы 75 жаштагы Каримовду акыркы жолу 19-мартта Ташкенде Нооруз майрамында бийлеп жатканда көргөзгөн. Ошондон кийин президент калың элдин назарынан жок болуп, шаан шөкөттөн көп узабай инфаркт болуптур деген сөздөр тарап кетти.

Каримовдун Нооруздагы бийи

Каримовдун Нооруздагы бийи
please wait

No media source currently available

0:00 0:00:45 0:00

Биринчилерден болуп мындай имиштерди жергиликтүү оппозиция илип алып, Өзбекстан Элдик кыймылынын бозгундагы лидери Мухаммад Салих президенттин оорусу тууралуу кабарды Ташкендеги бийликке жакын чөйрөдөн алганын “Азаттыкка” билдирди:

- Мен буга 100 процент ишенем. Ноорузду майрамдагандан кийин Каримовдун жүрөгү кармаптыр, ал азыр доктурлардын көзөмөлүндө жатыптыр деген маалыматты 3 булактан тастыкташты. Абалы жакшырганын, бирок дагы эле дарыланып атканын айтышты. Каримов жакшы болуп кетиши мүмкүн, бирок бул факт инфаркт болгонун жокко чыгарбайт. Биздин булактардан күмөн санабайм, алар абдан ишеничтүү.

Отко май тамызгансып, “Республика” деген көз карандысыз сайт атын атабаган булакка таянып, президенттин кенже кызы Лола Швейцариядан капысынан кайтып келгенин 16-мартта жазды.

К+ деген менчик канал болсо Каримов инфаркат болуп, ооруканага жаткызылган деген “Өзбекстандан түшкөн” кабарды таратты.

Расмий Ташкент демейдегидей эле этияттыгын көргөзүп, мамлекет башчынын администрациясындагы анонимдүү адам Орусиянын РИА новости агенттигине Каримов “адаттагыдай эле өзүн жакшы сезүүдө” деп билдирди.

Оппозициядагы Элдик кыймыл болсо имиштердин алдын алуу үчүн мамлекеттик маалымат каражаттарына архивдеги кадрларды пайдаланып, президенттин бийлегенин көргөзүү көрсөтмөсү берилгенин ырастоодо.

Каримовдун тун кызы Гүлнара Твиттерде атасынын саламаттыгына байланышкан суроого жооп берип Ноорузда “20 мүнөт бийлеген Каримовдун ооруганын болжолдоо – “таза макоолук” деп жазат. Жообун узаткандан кийин “каныке” Гүлнара Өзбекстан менен Ливандын футбол боюнча дүйнө чемпионатына иргөө матчына жөнөдү. Мурда беттешүүгө президент Каримовдун бараары жарыяланган.

Авторитардык режим өкүм сүргөн өлкөдө мамлекет башчынын оорусу анын ордун ким басат деген талкууларды кайра жандантты.

Адатта мураскерлер арасында 3 кишини атап келишет.

Эки талапкер - президенттин жакын чөйрөсүнөн чыккан премьер-министр Шавкат Мирзияев жана биринчи вице-премьер, финансы министри Рустам Азимов. Үчүнчүсү – Гулнара Каримова. 40 жаштагы ырчы жана дизайнердин саясатта тажрыйбасы жок болсо да, миллиарддаган долларлык үй-бүлөлүк бизнес империясын тескөөдө жөндөмдүүлүгүн көрсөтө алды.

Каримовдун мураскери катары аталгандар: Гүлнара Каримова, азыркы премьер Шавкат Мирзоев, 1-вице Рустам Азимов жана бозгундагы өзбек оппозиция лидери Мухаммед Салих.
Каримовдун мураскери катары аталгандар: Гүлнара Каримова, азыркы премьер Шавкат Мирзоев, 1-вице Рустам Азимов жана бозгундагы өзбек оппозиция лидери Мухаммед Салих.


БУУнун Женевадагы мекемелеринде Ташкенттин элчилик кызматын аркалаган Каримова Өзбекстандагы соопчулук иштерине ыктап, социалдык тармактарда активдүүлүгү күндөн күнгө артууда. Муну менен президенттик ат салышта колдоо табууга аракеттенип жаткан жокпу деген спекуляцияларга жем таштады.

Экинчи жагынан, Гүлнаранын убактысынын көбүн мекенинде өткөрүшүнө Швеция менен Швейцарияда жүрүп жаткан тергөө түрткү берген болушу мүмкүн. Атап айтканда, Каримованын шериктери арам акчаны адалдоо үчүн айыпталууда. Гулнара ал иштерге тиешеси жоктугун айтып келатат.

Мураскер жөнүндөгү талаштарга анын блогдордогу жана Твиттердеги комментарийлери да чок таштады. Каримова Азимовду үй-бүлөөсү менен кошо коррупция үчүн айыптоодо. Ташкенттеги көпчүлүк аткаминерлердей эле президент кызынын интернеттеги күжүрмөндүгүн жактырбаган, Азимов болсо ага жооп кайтарган жок.

Ал тапта көңүлдүн бардыгы парламенттин кош палатасынын 28-мартта өтчү сессиясына бурулуп турган кез. Адатта анын ачылышында президент Каримов сөз сүйлөйт.

28-29-март күндөрү парламенттин биргелешкен сессиясы башталат. Президент кааласа, конституцияга жана президент жөнүндөгү мыйзамга ылайык, жыйынга катыша алат. Кудайга шүгүр, бардыгы тынч , бардыгынын ден соолугу жакшы. Бардык элдер 100гө чыкса, президентибиз болсо 150гө жетсин деп тилейбиз, - дейт Сенаттын депутаты Светлана Ортыкова “Азаттыкка”.

Оогандарда темир жол болот

Темир жол Европада 200 жылдан ашык мезгил мурда салына баштаган. Кыргызстанда темир жол анчейин өнүкпөй келет, соңку жылдары Кытай менен биргеликте темир жол салуу маскаты ар түрдүү себептерден улам ара жолдо кала берүүдө. Ал арада коңшулаш Ооганстан бүтүндөй темир жол тармагын өнүктүрүүнү көздөп турган кез. Бул иште оогандарга Өзбекстан жардамга келип жатaт.

Мындан эки кылымдан ашык мурда ишке киргизилгенден кийин буу менен иштеген локомотив дүйнөдө жүргүнчү жана жүк ташууну таанылгыстай өзгөрттү. Мына эми акыры «темир аргымак» ооган жергесине да келип жетти.

Ооганстан бүт өлкөнү каршы-терши байланыштырган темир жол тармагын куруунун баштапкы гана баскычында турат.

Биринчи кадам мындан эки жыл мурда жасалган эле, Ооганстандын түндүгүндөгү Мазари-Шариф шаарын Өзбекстандын темир жол тармагына кошкон 75 чакырымдык тилке 2011-жылы ишке киргизилген. Бул долбоор Азия өнүктүрүү банкынан алынган 160 миллион доллардык каражат менен бүтүрүлгөн.

Өзбекстандын мамлекеттик темир жол компаниясы азыр эл аралык унаа жолдорун дагы өнүктүрүп, аталган тилкени ооган-тажик чек ара тилкесине кошуунун жолдорун иликтеп жатат.

Ооганстанды бир жагынан мунай-газга бай Борбор Азия, Жакынкы Чыгыш, экинчи жагынан экономика дүркүрөп өтсүп жаткан Кытай жана Түштүк Азия менен байланыштуруучу өлкөгө айландыруу идеясы тууралуу Ооганстандын инфраструктура министринин орун басары Ахмад Шах Вахид мындай дейт:

- Эгер коңшулар менен темир жол аркылуу байланышта болсок, биздин экономиканын келечегине зор салым кошулат. Ошондо соода өнүгүп, карапайым элдин турмушу оңолот.

Азыр Ооганстан темир жолду өнүктүрүүнүн экинчи баскычын ойлонуштуруп жатат. Анда Түркмөнстан менен Тажикстанды Ооганстандын түндүгү менен жаңы 400 чакырымдык тилке аркылуу бириктирүү каралган. Бул долбоорго да аталган банк каражат бөлмөкчү. Үч өлкөнүн ортосунда кол коюлган келишим боюнча, курулуш июнда башталат, анын Ооганстандагы бөлүгүн Түркмөнстандын жумушчулары курмакчы.

Министрдин орун басары Вахид бул курулуштан Ооганстандын түндүгүндө казылган мунай менен минералдык башка кендердин экспортуна да чоң мүмкүнчүлүк ачылат деп эсептейт:

- Бул Ооганстан менен катар, бүт аймак үчүн болуп көрбөгөн мүмкүнчүлүктөрдү жаратат. Ал Борбор Азия өлкөлөрүн да бири-бири менен байланыштырат. Элдин турмушу оңолуп, региондо сооданын өнүгүшү жакын арада эле байкала баштаарында шек жок.

Түндүктөгү бул эки долбоордон тышкары Ооганстандын батышын Иран менен, түштүгүн Пакистан менен бириктирүү да пландалган. Бул максатта КМШ өлкөлөрүнүн темир жолун көзөмөлдөгөн уюмга кошулуу менен катар, Ооганстанды Кавказ менен бириктирүүчү жол куруу да каралууда.

Ооганстандын аймагында темир жол тармагын куруу максаты жаңы деле эмес. Тарыхчы Хабибулла Рафи белгилегендей, XIX-XX кылымда өлкөнүн эл башчылары темир жолуна кастарын тигип келишкен, себеби ал Британия менен Орусиянын Ооганстанды басып алуусуна шарт түзүп берет деп коркушкан. 1925-жылы гана Кабулдан борбор калаанын түштүгүндөгү Дарул Аман ак сарайына чейин жети чакырымдык чолок жол салынган. Реформачыл падыша Аманулла Хандын өлкөнү замандын талабына ылайык өнүктүрүү далалатынан улам жаралган ал жол бирок төрт жылдан кийинки козголоңдо талкаланган.

Өлкөнү 1970-жылдары беш жыл башкарган президент Мухаммад Дауд Хан жаңы план менен чыккан, бирок советтик аскерлер киригизилээр алдындагы төңкөрүштөн улам ал да ишке ашпай калган эле.

Ташкенде чек ара боюнча сүйлөшүү башталды

Кыргыз-өзбек чек арасы.

Кыргыз-өзбек чек арасы боюнча сүйлөшүүгө Кыргызстандан вице-премьер-министр Шамил Атаханов баштаган топ катышууда.

Өзбек маалымат агенттиктеринин жазышынча, Ташкендеги сүйлөшүүдө өзбек тарапты биринчи вице-премьер-министр Рустам Азимов жетектеп жатат. Ушул ай башында кыргы өкмөтүнүн түзүмүндө өзгөртүү болуп, коопсуздук жана чек ара маселелерин тескеген жаңы вице-премьер-министрлик орун киргизилип, ага Шамиль Атаханов дайындалган болчу.

Камоодо калган анклавдар

Кыргыз өкмөтүнүн чек араны тактоо жана чек ара аймактарын өнүктүрүү боюнча бөлүмүнүн башчысы Курбанбай Искандаров Ташкенге жөнөр алдында “Азаттыкка” кыргыз тарап жолугушууда Анжиян - Кемпир-Абад суу сактагычы, Барак эксклавына жол ачуу жана Чарбак маселелерин талкууга алып чыгууну көздөп жатканын айткан:

- Күн тартибин Өзбекстан сунуштайт. Биз да күн тартибине өзүбүздүн сунуштарды, өзгөртүүлөрүбүздү беребиз. Жолугушууда Барактын маселеси жана Сохтун айланасындагы чек ара тилкесин тосуу боюнча сөз козгойбуз.

Барак эксклавынын тургундары. Кара-Суу району, 19-март, 2013.
Барак эксклавынын тургундары. Кара-Суу району, 19-март, 2013.
Ал эми Өзбекстандын 12news.uz маалымат агенттиги 22-мартта Өзбекстандын чек ара кызматына шилтеп тараткан кабарына караганда, Кыргызстан Баткен облусундагы Өзбекстан менен чектешкен Кайтпас - Риштан чек ара бекетин ача турган болсо, Өзбекстан да Барак экславына өтчү Ак-Таш - Бирлешкен чек ара постун ачууга даяр. Бирок бир канча ирет келтирилген өтүнүчкө карабай, Кыргызстан Кайтпас - Риштан бекети өкмөттүк макулдашууда жок деген жүйөө менен аны ачууга макул болбой келе жаткандыгы белгиленген.

Анткен менен Кыргызстандын Чек ара кызматынын төрагасы Токон Мамытов 12news.uz агенттигине чыккан кабарды Өзбекстандын чек ара кызматынын маалыматы эмес деп эсептейт:

- Өзбекстандын чек ара кызматынын деле бул тарап кеткен маалыматка тиешеси жок экен. Бул кандайдыр бир деңгээлде Өзбекстандын чек ара кызматына да, Кыргызстандын чек ара кызматына да басым деп эсептеп жатам. Себеби азыр сүйлөшүүлөр жакшы нукта жүрүп, жыйынтыктар болуп, келишимдер макулдашылып жатат.

Ушул жылдын 5-6-январында чыккан Баткендеги Чарбак-Сох жаңжалынан кийин Сох анклавына кирип чыккан жолдордун баары жабылган. Кийинчерек эки тараптуу сүйлөшүүлөрдөн соң, 60 миңдей калкы бар Өзбекстандын Сок анлавынынын тургундары Кадамжай - Вуадил өткөрмө бекети аркылуу өтүп башташкан. Бирок бул Өзбекстанга кирип чыккан сохтуктарга жолду 80 чакырым узартса, Кайтпас - Риштан болгону 30 гана чакырым.

Ак-таш чек ара бекети, 25-январь, 3013-жыл.
Ак-таш чек ара бекети, 25-январь, 3013-жыл.
Ошол эле кезде Өзбекстан эки айдан бери Ак-Таш - Бирлешкен чек ара бекетин жаап, Барак эксклавынын тургундары Кыргызстанга кирип чыгууда кыйналууда. Өзбекстан бул бекеттен оорукчандарды жана жардамга муктаждарды гана өткөрүүдө. Барактыктар 19-мартта Ош облустук администрациясынын алдына митингге чыгып, бийликке Ак-Таш бекети аркылуу өтүүнү камсыздап берүү талабын койгон. 2 миң чамалуу тургуну бар Барак айлынын башчысы Бурканбек Ашыров:

- Ары-бери өткөн адамдарды Өзбекстандын чек арачылары өткөрбөйт. Себебин айтышпайт. Өзүбүздүн Ак-Таш бекети аркылуу да, Достук өткөрмө бекети аркылуу да өткөрбөй жатат. Кызыл-Кыя аркылуу өтүп келгиле дешти. Ал бизден абдан алыс.

Чек араны талкуулоодогу секирик

Эки өлкө ортосундагы өкмөттүк келишимде көрсөтүлгөн 15 чек ара бекети бар. Мындан тышкары, жергиликтүү деңгээлдеги сүйлөшүүнүн жыйынтыгында дагы ушунча бекет ачылган. Бирок алардын ичинен азыркы кезде Ош облусундагы “Достук” жана бир-эки чек ара бекети гана иштеп жатат.

Токон Мамытов жакында Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарындагы Өзбекстан менен чектешкен бир катар жабык турган бекеттер ачылат деген ойдо.

- Мисалы, биз бир өткөрмө бекетин ачкыла десек, алар “макул, биз муну ачалы, бирок силер анда тигини ачкыла” , - деп башка райондогу бекетти сунуштап жатат. Ошондой кайчылаш пикир болгондуктан, бир жыйынтыкка келбей жатабыз. Бирок мен белгилеп койгум келет: азыр бир топ өткөрмө бекеттер жана алардын иштөө тартиби боюнча макулдашылып калды.

Ташкендеги жолугушууну жогорку деңгээлдеги сүйлөшүү жана алдыга карай жылыш деп баалагандар бар. Чек ара маселелери боюнча эксперт Имамберди Жалиловдун пикиринде, Өзбекстан Сох-Чарбак чатагынан кийин чек ара маселесине олуттуу карай баштады.

- Айрыкча, Сохтогу окуядан кийин чек араны тактоо маселесинде кандайдыр бир секирик жасалып жатат десем аша чапкандык болбос.

Кыргызстан менен Өзбекстандын чек арасынын узундугу 1378 чакырым, анын 320 чакырымы толук тактала элек.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG