Линктер

ишемби, 20-июль, 2019 Бишкек убактысы 07:18

Борбор Азия

Экс-банкир Аблязов Франциядан Украинага жөнөтүлөт

Казак оппозиционери Мухтар Аблязов бейшемби күнү француз сотунда сурак берди.

Качкын банкирди 31-июлда француздардын атайын полициясы Канн шаарына чукул жердеги курорт жайда камакка алган. Экс-ан-Прованс шаарчасында болгон соттук угууда Аблязов Украинанын өтүнүчүнө ылайык кармалганын прокурор Солаж Леграс маалымдады.

Француз прокурору Мухтар Аблязовду өткөрүп берүү өтүнүчү Украинадан тышкары “Орусиядан, Казакстандан жана башка өлкөлөрдөн да бардыгын” “Азаттыкка” телефон аркылуу берген интервьюсунда айтты:

- Аблязовду экстрадициялоо боюнча өтүнүч башка өлкөлөрдөн да келди. Бирок биз азыр Украинанын талабын карап жатабыз. Казакстандан да өтүнүч бар. Бирок эки өлкө ортосунда экстрадиция боюнча келишим жок болгондуктан, аны өткөрүп берүү мүмкүн эмес. Орусиядан да сураныч болду. Биз ал талапты карай элекпиз. Анткени бизде чечим кабыл алгандай же өтүнүчтүн али күчүндө экенин аныктагандай бардык маалымат жок.

Рейтер агенттигинин кабарлашынча, Франциянын 30 өлкө, анын ичинде Украина жана Орусия менен жарандарды экстрадициялоо боюнча келишими бар.

Мадина Аблязова Экс-ан-Прованс шаардык сотунун сыртында кабар күтүп турат. 1.08.2013
Мадина Аблязова Экс-ан-Прованс шаардык сотунун сыртында кабар күтүп турат. 1.08.2013
Леграс айымдын сөзүнө караганда, эми украин бийликтери Аблязовду өткөрүп алуу себебин негиздеген документти 40 күн арасында камсыздаш керек. Андан соң сот чечим кабыл алууга тийиш. Ошентип, "Аблязов келерки жылдын жазына барып гана экстрадиция болот", деди прокурор. Ошол эле учурда Аблязовду күрөөгө бошотуу мүмкүн эместигин эскертти:

- Ал абак жайда кармалышы ыктымал. Бул экстрадицияга тиешелүү көпчүлүк иштерге мүнөздүү нерсе. Ал өзүн бошоткула деп талап кыла алат. Бирок чоң күрөө төлөнсө да, андайга мүмкүн эмес. Себеби, анын Францияда эч кандай расмий дареги жок.

Украинада Мухтар Аблязов жетектеген БТА банкынын өкүлчүлүгү бар болчу. Лондондо чыкчу “Financial Times” гезити атын атабаган адвокатка шилтеп жазышынча, аны расмий Киев тез эле Казакстанга өткөрүп берет. Качкын миллиардер Украинада финансылык көз боёмочулук кылган, банктын мүлкүн менчиктеп алган деп айыпталууда жана ар бир айып боюнча 12 жылга кесилиши турган иш.

Орусиянын Тергөө комитетинин билдиришинче, Аблязов мыйзамсыз амалдар менен БТА банктын өлкөдөгү бөлүмдөрүнөн 70 млн. долларды шыпырып алган.

Казакстандын БТА банкынын мурдагы башчысы Мухтар Аблязов президент Назарбаевдин бийлигин сындагандардын ичинен төбөсү көрүнгөнү жана эң таасирдүүсү деп саналат. Ал Ата журтунан 2009-жылы БТА банк өкмөттүн башкаруусуна өткөндөн кийин чыгып кеткен.

Аблязовдун жактоочулары Алматыдагы Франциянын элчили алдында нааразылык акциясын өткөрүшүүдө. 1-август 2013
Аблязовдун жактоочулары Алматыдагы Франциянын элчили алдында нааразылык акциясын өткөрүшүүдө. 1-август 2013
Расмий Астана экс-банкирди “финансылык былыктары” бар, жалпы жонунан 4 млн. долларды мойсоп кеткен деп айыптап жүрөт. Аблязов өзүн саясый куугунтуктун курмандыгы деп эсептейт жана 2011-жылы Британиядан саясый баш паанек алган. Бирок Британ соту Аблязовдун 90 млн. долларлык мүлкү сатылып, акчасы БТА банктын кредиторлоруна берилсин деген өкүм чыгарган. Ал өкүмдү аткарбай койгону үчүн 2012-жылы 22 айга кесилген, андан соң олигарх Британияны таштап кеткен.

Казакстандагы кээ бир маалымат каражаттары, анын ичинде оппозициячыл “Respublika” гезити жана Борбор Азия өлкөлөрүнө багытталган К+ телеканалы Мухтар Аблязовго таандык экени айтылып келет.

Алматылык журналист Сергей Дуванов эгер Аблязов Орусияга же Казакстанга өткөрүлүп берилсе, бул Казакстандын демократиялык күчтөрүнө урулган катуу сокку деп санайт:

- Эгер ал экстрадиция кылынса, бул жалпы казак оппозициясына урулган оңолгус сокку болот. Себеби азыр Аблязов оппозициянын саясый майданындагы негизги оюнчулардын бири. Ал Ак-Ордого өтө радикалдуу каршы турат. Ал непада экстрадиция болсо, бул Казакстандын демократиялык күчтөрүнө урулган абдан олуттуу сокку.

Өткөн аптада Испаниянын соту Аблязовдун мурдагы кеңешчиси жана жан сакчысы Александр Павловду Казакстанга өткөрүп берүү тууралуу чечим чыгарган. Ал мекенинде террорчулук кылган жана финансылык көз боёмочулуктарды жасаган деп айыпталууда. Саясый жүйөдөн улам кармалдым деген Павлов Мадрид сотуна доо арыз жазды.

Аблязовдун аялы Алма Шалабаева менен алты жашар кызы май айынын соңунда Римдин четинде кармалып, кийин Казакстанга өткөрүлгөн. Ал үчүн Италия өкмөтү катуу сынга алынган жана Ички иштер министринин канцелярия башчысы кызматтан айдалган.

Энелердин арманы

Энелердин арманы
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:15 0:00

Казак оппозициясынын анабашы Францияда кармалды

Казакстандык мурдакы банкир, качкын саясатчы Мухтар Аблязов Франциянын түштүгүндөгү Канн шаарына жакын жерде камакка алынды.

Бул жөнүндө олигархтын үй-бүлөсүнүн адвокаты “Азаттык” радиосуна маалымдады.

Аблязов Орусиянын суранычына ылайык камакка алынганын Британияда чыкчу кадыр-барктуу Financial Times гезити жазды. Адвокат бирок Аблязовду камакка алуу тууралуу өтүнүч не Орусия, не Украина, не Казакстандан келгенин билбесин айтты.

Оппозициячыл казакстандык саясатчы Жашарал Куанышалин “Азаттыктын” казак бөлүмүнө курган маегинде Аблязовдун камалышы президент Назарбаевдин бийлигине каршы турган саясый күчтөрдү алсыратат деди:

- Бул кандай болгондо да жакшы иш эмес. Европанын казак оппозициясына жасаганы, айрыкча Аблязовго жана анын үй-бүлөсүнө бу кылганы өкүндүрөт. Бул камакка алуу казак оппозициясын алсыздантат.

Казакстандын БТА банкынын мурдагы башчысы Мухтар Аблязов – Нурсултан Назарбаевдин бийлигин сындагандардын ичинен төбөсү көрүнгөн эң таасирдүүсү эле. Ал Ата Журтунан 2009-жылы БТА банкы өкмөттүн башкаруусуна өткөрүп алынганда чыгып кеткен.

Расмий Астана экс-банкирди жасаган финансылык былыктары бар деп айыптап жүрөт. Аблязов өзүн саясый куугунтуктоонун курмандыгы деп эсептейт жана 2011-жылы Британиядан саясый башпаанек алган. Бирок Британ соту Аблязовдун 90 миллион долларлык мүлкү сатылып, акчасы БТА банкынын кредиторлоруна берилсин деп өкүм чыгарганда, аны аткарбаган үчүн сот өкүмүнө таназар бербеди деп 22 айга кесилген соң, олигарх өлкөнү таштап кеткен.

Казакстандагы кээ бир маалымат каражаттары, анын ичинде оппозициячыл Respubliсa гезити жана Борбор Азия өлкөлөрүнө багытталган К-Plus телеканалы Аблязовго таандык экени айтылып келет.

Алматылык журналист Сергей Дубанов эгер Аблязов Орусияга же Казакстанга өткөрүп берилсе, бул Казакстандын демократиялык күчтөрүнө урулган катуу сокку болот деген ойдо:

- Эгер ал экстрадиция кылынса, бул жалпы казак оппозициясына урулган оңолгус сокку болот. Себеби азыр Аблязов оппозициянын саясый майданындагы негизги оюнчулардын бири. Ал Ак Ордого өтө радикалдуу каршы турат. Ал непада экстрадиция болсо, бул Казакстандын демократиялык күчтөрүнө урулган абдан олуттуу сокку болот.

Быйыл июнда Польшада Аблязов менен жакын санаалаш эсептелген оппозиция активисти Муратбек Кетебаев кыска мөөнөткө камалып, кийин бошотулган. Расмий Варшава бирок Кетебаевди өткөрүп берүү жөнүндөгү Астананын өтүнүчүн четке кагып койгон.

Өткөн аптада Испаниянын соту Аблязовдун мурдагы кеңешчиси жана жан жигити Александр Павловду Казакстанга өткөрүп берүү тууралуу чечим чыгарган. Ал мекенинде террорчулук кылган жана финансылык көз боёмочулуктарды жасаган деп айыпталууда.

Аблязовдун аялы Алма Шалабаева жана кенже кызы май айынын соңунда Римдин четинде кармалып, кийин Казакстанга өткөрүлүп берилген. Ал үчүн Италия өкмөтү катуу сынга алынган жана Ички иштер министрлигинин канцелярия башчысы кызматтан айдалган.

Ал эми Улуттар Уюмунун эксперттери казак бийликтерине кайрылып, Шалабаеваны алты жашар кызы менен кошо Италияга кайтарууга үндөгөн.

Тажикстан Кыргызстандагы объектилерин алгысы келет

Тажикстандын Кыргызстанда калып калган объектилеринин арасында Сүлүктүдөгү темир жолдун бир бөлүгү жана бул шаардагы базасы да бар.

Тажикстан Советтер Союзу ыдырагандан кийин Кыргызстандын аймагында калып калган объектилери боюнча маселе козгоодо.

Тажикстандын мамлекеттик мүлк жана инвестициялар боюнча комитетинин маалыматы боюнча, Кыргызстандын аймагында 36 тажик объектиси бар, ал эми Кыргызстандын Тажикстанда 20га чукул объектиси жайгашкан.

Бул тууралуу Тажикстандын Мамлекеттик мүлк жана инвестициялар боюнча комитетинин төрагасынын орун басары Анвар Нажмиддинов 30-июлда Дүйшөмбү шаарындагы маалымат жыйынында билдирди.

- Өткөн жылы биз Тажикстандын облустары менен иштештик, биздин 36 объектибиз Кыргызстанда калып кетиптир, алар Кыргызстанга өткөн эмес. Бул талаштуу маселе жана мамлекеттик деңгээлде чечилиши зарыл, бул объектилер Тажикстан үчүн өтө маанилүү.

Анвар Нажмиддинов бул объектилердин тагдыры кыргыз-тажик чек арасын демаркация жана делимитациялоо боюнча өкмөттөр аралык комиссияда талкууланганын кошумчалап, комитет Тажикстан өзүнүкү деген объектилер боюнча расмий маалыматты Кыргызстанга жөнөткөнүн тастыктады.

Нажмиддиновдун айтымында, бул тууралуу атайын комиссия түзүү чечими кабыл алынды. Анткени Тажикстандын аймагында да Кыргызстандын объектилери калып кеткен.

Тажикстандын Кыргызстан менен чектеш Согди облусунун акиминин биринчи орун басары Жумабой Сангинов “Азаттыкка” ал объектилер тууралуу толугураак маалымат берди.

- Кыргызстандын Тажикстанда 20га жакын объектиси бар. Түрдүү объектилер Советтер Союзу учурунда чогуу колдонулчу, кийин Советтер Союзу жоюлгандан кийин эки өлкөнүн аймагында аралашып калып кеткен. Алардын арасында мисалы Сүлүктү – Пролетар жолунун бөлүгү, жаратылыш кендери боюнча объектилер бар.

Бирок кыргыз өкмөтүнүн чек араны тактоо жана чек ара аймактарын өнүктүрүү боюнча бөлүм башчысы Курбанбай Искандаров “Азаттыкка” тажик тарап менен мындай объектилер туурлауу сөз болбогонун кабарлады.

- Акыркы жолугушууда андай объектилер тууралуу сөз болгон жок. Бир гана нерсе - кен боюнча маселе чечилди.

Курбанбай Искандаров Лейлек районунун Жаңы-Жер айыл округунун Арка аймагындагы 1974-жылдан бери Тажикстан иштетип келген 20 гектарга чукул аймак тууралуу айтууда. Ал жер өткөн айда кошуналардан бошотулган. Катта-Туз аймагынан кара май өндүрүп жүргөн тажикстандыктар кара май сордургуч тогуз, табигый газ алуучу беш кудугун таштап кетишкен.

Кошуналар бул аймактан мунай өндүрүп жатышын өткөн кылымдын 80-жылдарындагы эки тараптуу келишимге таянганын оозеки гана билдирген. Бирок бул кен 1992-жылы эле Кыргызстанга өтүшү керек болчу. Советтер Союзу ыдыраган соң, 1992-жылы анын курамындагы 15 республиканын башчылары кол койгон келишимге ылайык, эгемендикке жаңыдан ээ болгонун өлкөнүн аймагындагы мурда чогуу колдонулуп келген, же кайсы бир республикага тиешелүү объектилер ошол жайгашкан мамлекеттин карамагына өтүшү керек болчу.

Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара тилкеси 971 чакырымды түзөт. Анын жарымынан көбү - 567 километри гана такталган. Акыркы үч айда мындай талаштуу аймактарда бери дегенде 3 ири конфликт ырбап, алар транзиттик жолдордун, чек аранын жабылышына алып келген.

Матенов: Чек арада жаңжалдуу жагдайлар бар

Чек ара кызматынын төрагасы Курманакун Матенов чек арадагы кырдаал тууралуу биринчи болуп “Азаттыкка” кеп салып берди.

“Азаттык”: Жакында эле Ош, Жалал-Абад жана Баткенди кыдырып келдиңиз, ушул кыдыруу эмнени көрсөттү? Кандай негизги проблемаларды аныктай алдыңыз, ага карата кандай иш-пландарды түздүңүз?

Курманакун Матенов: Жер-жерлерди кыдырып, ар бир проблеманы өз көзүм менен көрүп, андан кийин чечим кабыл алайын деген максатта бардым. Өзүңүздөргө белгилүү, 2013-жылы чек арада бир топ ар кандай окуялар, жаңжалдар болду. Ал жерлерге да бардык.

Биздин чек араларда жаңжал чыгып кете турган жагдайлар бар. Алардын баарын изилдеш керек. Ошолордун алдын алууга кандай иш-чараларды көрүш керек деген максатта кыдырдым.

Проблемалар бар. Ачыгын айтканда, биздин мамлекеттин чек арасын 1991-жылдан баштап 2000-жылга чейин эч ким кайтарган эмес. Мен кыргыз-кытай чек арасынан башка Өзбекстан, Тажикстан жана Казакстан менен чек арабызды айтып жатам. Себеби, биринчиден мамлекеттик атайын орган болгон эмес. Кыргызстандын чек арасынын тагдыры жергиликтүү бийлик жетекчилеринин колунда болгон. Алар өз билишинче бул маселени чечкен.

Делимитация, демаркация бүтмөйүнчө, чек арадагы терс окуялар кайталана берет. Ага эч ким кепил боло албайт. Маселени чечүү бир эле тараптын колунда эмес. Эки өлкө чечиши керек. Сүйлөшүү процесси бир топ убакыт талап кылып жатат.

Азыркы проблемаларынды көпчүлүгүнүн негизги себеби ошондон бери башталып келатат. Анткени жерлерди ижарага алган, өздөштүрүп алган, биздин жарандардын үйлөрүн, жерлерин сатып алышкан учурлар бар. Анткени коңшулар жыш жайгашкан да, жерлери аз.

Маселелер көп. Бирок аларды чечүү үчүн тиешелүү эл аралык келишимдер бар. 1991-жылы союз ыдыраганда Алматыда 21-декабрда Алматы декларациясы кабыл алынган. Ага Балтика өлкөлөрүнөн башка бардык мамлекеттердин президенттери кол койгон. Анда бири-биринин территориясынын бүтүндүгүн тааныйт деген норма жазылган. Андан тышкары биздин Баш мыйзамда Кыргыз Республикасынын азыркы чек арасы бүтүн жана кол тийгис деп жазылган. Ошондуктан чек араны кайтарууга жетиштүү нормативдик-укуктук келишимдер бар. Бирок ошол 91-жылкы линия менен кеткен административдик чек ара болгон да, ошону кайтаруу оорураак болот. Себеби биздин коңшулар жайгашып калган, өздөштүрүп алган жерлер бар. Бул маселени бир эле Чек ара кызматы чече албайт. Коңшу өлкөлөр менен биргеликте чечүү керек.

Мен түштүктү жергиликтүү бийлик жетекчилери менен бирге кыдырдым. Эл менен жолуктук. Өзүңүздөр билесиздер, союз маалында чек араны чек арачылар менен бирге эл кайтарат деп айтылчу. Жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен ар бир маселени тактайлы, тыгыз иштейли деп сүйлөштүк. Чек арадагы коопсуздукту камсыздоого силер да салым кошкула деп айттык.

Андан сырткары 20-августтарда борбордук аппараттын офицерлери, өкмөттүн делимитация, демаркация боюнча өкүлдөрү болуп чогуу ар бир районго барып, ошол райондун жетекчилери менен бир күндүк укуктук иш жүргүзөлү деп чечтик. Бул боюнча мен губернаторлорго да айттым. Азыр керектүү материалдарды даярдап жатабыз. Ошол эле декларациядан баштап, Конституцияда, башка мыйзамдарда кандай нормалар бар, алардын кандай укук-милдеттери бар, ошолорду топтоп, ар бир айыл өкмөткө, ар бир айыл башчыга беребиз.

Кээде биздин жергиликтүү бийлик жетекчилери “мындай кайтарыш керек, тигиндей кайтарыш керек”, деп чек ара саясатына көп киришип кетет. Бул Чек ара кызматынын гана милдети болуп саналат. Бул боюнча да биз пикир алмаштык, менимче биз бири-бирибизди түшүнүштүк. Бизге алар жардам бермей болушту.


Профессионалдык деңгээлибизди көтөрүп, тартипти чыңдашыбыз керек. Андан сырткары коррупция маселеси бар. Мен муну жок деп айта албайм, муну мойнубузга алышыбыз керек. Жок десек деле эл ишенбейт.

Өзүбүздүн бир топ көйгөйлөрүбүз бар. Материалдык-техникалык базабыз бир аз начарыраак. Андан сырткары чек арачылардын жашоо-шарттары айтпаса да белгилүү. Аларды кантип чечем, кандай жардам бере алам, кайсы маселени өкмөт алдына коём деп жеринен көрүп келдим.

Кечээ мен премьер-министр менен жолуктум. Ал кишиге бир топ маселелерди айттым, ал кишиден мен колдоо алдым. Өкмөт башчы каржы министрин чакырып, биргеликте бир топ маселени чечкенге мүмкүнчүлүк пайда болду. Биздин материалдык-техникалык абалыбыз жакшы чечилсе, ошончолук биздин опреативдик-тактикалык мүмкүнчүлүгүбүз көбөйөт.

Биздин өзүбүздүн да ички потенциалдарыбыз бар. Анализдеп көрсөм, башкаруу аппараты бир аз чоң экен. Аппаратты оптималдаштырып, бир аз азайтып, бири-бирин кайталаган структураларды балким кошуп, бошогон орундарды чек арага жөнөтөлү деген максат коюп жатабыз.

Профессионалдык деңгээлибизди көтөрүп, тартипти чыңдашыбыз керек. Андан сырткары коррупция маселеси бар. Мен муну жок деп айта албайм, муну мойнубузга алышыбыз керек. Жок десек деле эл ишенбейт. Бул боюнча да иш-чараларды жүргүзөбүз. Таза адамдарды алып келебиз. Таза адамдарды билесиз да, эч качан көкүрөктөрүн каккылабайт, билинбей эле иштей берет. Жетекчиликтин милдети – ошол жигиттерди таап, баа берип көтөрүү. Албетте бул 1-2 айлык жумуш эмес. Бул такай жүргүзө турган иштер.

“Азаттык”: Кыргыз-өзбек чек арасындагы соңку окуянын жагдайларын айтып бересизби. Эки мамлекет жаңжалды өз алдынча иликтейт деп айтылды эле.

Курманакун Матенов: Азыр Өзбекстан, Тажикстан менен делимитация жана демаркация процессибиз бир аз оор жүрүп жатат. Себептерин айтып кетпедимби. Азыр эч ким бири-бирине позицияларын бергиси жок. Ушунун негизинде жылышы созулуп жатат. Делимитация, демаркация бүтмөйүнчө, чек арадагы терс окуялар кайталана берет. Ага эч ким кепил боло албайт. Маселени чечүү бир эле тараптын колунда эмес. Эки өлкө чечиши керек. Сүйлөшүү процесси бир топ убакыт талап кылып жатат.

“Азаттык”: Айрыкча соңку чек ара жаңжалдарынан улам, айрым эксперттер, байкоочулар, ошол эле жергиликтүү тургундар мындай жаңжалдар мамлекеттер аралык кагылышууга алып келиши ыктымал деп айтышат. Ушул сөздөрдүн негизи барбы? Кырдаалды туруктуу кармап туруу үчүн кандай чаралар көрүлөт?

Курманакун Матенов: Эксперттик коомчулук кээде кырдалды көбүртүп-жабыртып, кызыл-тазыл түстөргө боёп жиберет. Чындыгында андай эмес. Биздин коңшулар деле конфронтацияга барып, ушундан бир чыр чыгарып, биздин мамлекет менен уруш чыгарабыз деген ниети жок деп ойлойм. Себеби, мына соңку кыргыз-өзбек чек арасындагы окуядан кийин мен Өзбекстандагы кесиптешим менен жолуктум. Конструктивдүү түрдө, биздин чек арабыз ынтымактын чек арасы болсун деген позицияларыбызды айттык. Мындай окуялар кайталанбашы үчүн кандай чараларды көрүшүбүз керек деп сүйлөштүк.

Бул жерде албетте ар кандай маалымат кетип жатат. Алар өздөрүнүн версиясын, биз өзүбүздүкүн айттык. Бул маселе боюнча позициябыз келишкен жок. Мен ошол эки жигит менен өзүм сүйлөштүм. Мага болгонун болгондой айтып беришти. Биз кандай маалымат берген болсок, эки жоокерибиз ошондой маалымат берди.

Алардын иш-аракеттеринде мыйзамсыз жагдайлар болду деп мен айта албайм. Себеби жаңжал чыгарган биздин коңшулардын чек арачылары болду. Биздин балдарга кол көтөрүп, куралын тартып алганга аракет кылышкан. Андан сырткары алар биринчи болуп ок чыгарган. Муну болтурбай коюуга деле болмок. Бирок биздин чек арачылар өз өмүрүн сактоо максатында ушундай кадамга барышты.

Бизди ошол Коргондун эле четинен кармап калды, чагымда бизди бутага алып турушкан. Жанымда эч кандай жашыруун документ жок болчу. Ойлоп көрбөйсүңөрбү, мен тоого жашыруун документтер менен бармак белем. Экинчиден, эгер мен жашыруун документти жоготуп, дагы башка алешемдик кетирсем, мени эки жолу Чек ара кызматына төрага кылып алып келмек беле? Мамлекет башчылары маалыматты билишет да.

Алардын аракетин мыйзамсыз деп айта албайм. Анткени биздин чек ара кызматы тууралуу мыйзамда кандай учурда курал колдоно турганы тууралуу жоболор бар. Алардын аракети ошол мыйзамга туура келет. Болбосо куралын тартып алганы аз келгенсип, өздөрүн сүйрөп кетет болчу. Биздин жигиттер туура эле иш-аракеттерге барды. Эми буга акыркы чекитти аскер прокуратурасы коёт. Бирок биздин алдын ала кызматтык иликтөөбүз боюнча, баары туура болгон.

“Азаттык”: Өзбекстандын беш чек арачысына Кыргызстандын бир чек арачысы туура келет деп айтылат. Ушундай шартта ак ниет коңшулук мамиле курууга мүмкүнбү?

Курманакун Матенов: Бул жагдай санга карабайт. Бул эки өлкө ортосундагы мамиледен, эки өлкөнүн бири-бирине жасаган саясатынан көз каранды болот. Балким алардын мүмкүнчүлүктөрү көбүрөөк, биздики азыраактыр, бирок биздин да экономикалык-каржы абалыбыз оңолоттур. Ошондуктан бул жагдай эки мамлекеттин ортосундагы тирешүүгө алып келет деп ойлобойм.

“Азаттык”: Айрым чек ара аймактарында кээ бир жергиликтүү тургундар өз үйлөрүн чек арачыларга бошотуп берген, керек болсо барып кошо кайтарышкан учурлар бар. Алардын мындай иш-аракетин, ниетин колдоо, сыйлоо пландары барбы?

Курманакун Матенов: Биз аларды албетте колдойбуз. Биздин кызматтын көп тозоттору союз мезгилинде курулган бала бакчанын, орто кесиптик окуу жайлардын имараттарда жайгашкан. Бизге имарат аз эле курулду да. Кээ бир ошол объекттер үлүшкө берилип калган. Кээ бир жерлерде имаратты кайра бергиле деп талап кылып жатат. Мисалы акыркы жолу ошондой учур Аксыда болду. Ошол жерден бизден жергиликтүү эл ижара акы төлөгүлө деп талап кылышты. Мен биз ижара акы төлөбөйбүз, бул жерде Кытайдын, же АКШнын чек арачылары отурган жок, өзүбүздүн эле балдарыбыз бар деп айттым. Силер жашаган жерди, элибизди жерибизди кайтарып атышат деп айттым. Ошондо бир аксакал чыгып, калыс сөзүн айтып, беркилерди уяткарды. Ошол кишиге ыраазы болдум. Ушундай фактылар да бар.

“Азаттык”: Сиз дайындаларыңыз менен эле интернетке, айрым гезиттерге ар кандай макалалар жарыяланып кетти. Ушуну өзүңүздүн оозуңуздан уксак: 99-жылы Баткен окуясында кандай жашыруун документтер менен колго түшүп калдыңыз эле?

Курманакун Матенов: Мунун баары жалган. 99-жылы 5-августта биз Зардалыга тик учак менен барганбыз. Ал жерде Баткендин акими, ал кезде улуттук коопсуздук министрлиги деп койчу, ошонун райондук бөлүм башчысы, мен жана Коргоо министрлигинин дагы бир офицери болуп эл менен сүйлөшүп, жолугуу үчүн барганбыз. Зардалынын жанында Коргон деген айыл бар экен, ошол жакка барып калсак, өзүбүздүн жерибизде бизди барымтага алышкан.

Биздин маалымат боюнча, алар 15-20 чакырым алыс тоодо болчу. Бизди ошол Коргондун эле четинен кармап калды, чагымда бизди бутага алып турушкан. Жанымда эч кандай жашыруун документ жок болчу. Ойлоп көрбөйсүңөрбү, мен тоого жашыруун документтер менен бармак белем. Экинчиден, эгер мен жашыруун документти жоготуп, дагы башка алешемдик кетирсем, мени эки жолу Чек ара кызматына төрага кылып алып келмек беле? Мамлекет башчылары маалыматты билишет да.

Адамды каралоо үчүн эмнелер гана жасалбайт экен. Мени көрө албаган душмандар бар. Мен тууралуу андан да жаман нерселер айтылып жатат. Эгер ушундай сөздөргө ишенсек, Кыргызстанга таза жетекчи деле калбай калат. Мен келгенде эле башкы талабым коррупциядан тазалоо, өз милдетибизди так аткаруу болду. Арабызда коррупционерлер, паракорлор бар. Чагымда ошолор коркуп жасап жаткан иштер деп ойлойм. Биз аларды четинен кетиребиз, тазалайбыз.

“Азаттык”: Өзүңүз тууралуу айтып бересизби. Кайдан билим алгансыз, кайсы жерлерде иштегенсиз?

Курманакун Матенов: Мен 1987-жылы Ташкенде Жогорку жалпы аскердик командачылык боюнча окуу жайды бүткөм. Андан кийин Орусияда 92-жылга чейин кызмат өтөгөм. Союз ыдырагандан кийин баары өз мекенине кете баштаганда мен да Кыргызстанга келгем. Ошондо жаңы түзүлгөн Улуттук гвардияга чакырышкан. Ротанын биринчи командири мен болгом. Орусияда да үч жыл рота командири болгом.

1997-жылы Москвада Фрунзе академиясын артыкчылык менен бүтүп келдим. Андан кийин Коргоо министрлигинин Ош бригадасында штабдын башчысы, Оперативдүү башкы башкармалыктын жетекчи орун басары, Аскердик чалгындоо башкы башкармалыктын башчысы, Кой-Ташта үч жыл командир болдум.

2003-жылы Чек ара кызматы өзүнчө структура болуп түзүлгөндө күжүрмөн даярдык жана тарбия иштери боюнча башкармалыктын жетекчиси болуп бер деп суранышты. Мен ал жерде 6,5 жыл иштегем. 2010-жылы Стамбулда Башкы штаб академиясын бүттүм. Калганын билесиздер да.

“Азаттык”: 2010-жылы кызматка келип кайра эмнеге кетип калдыңыз эле?

Курманакун Матенов: Мен дайындалганда Чек ара кызматы өзүнчө структура болгон. Үч айдан кийин эле аны жоюп, УКМКнын курамына киргизишкен. Биринчиден, мен ага каршымын. Экинчиден мага сунуш кылса да барбайт болчумун. Себеби Чек ара кызматы ирдениш үчүн өзүнчө структура болушу керек. Бириктирип, кайра чыгарып Чек ара кызматына беш жолу эксперимент жасашты. Ошондо УКМКга кошуп жатканда менден деле сурашкан жок, эртең менен эле Чек ара кызматы өз алдынча структура болбой калды деп айтышты. Мына эми турмуш көрсөтүп, кызматты кайра өз алдынча коюшту.

Алдыда пландар көп. Аны аткарууга убакыт керек. Ойлонуп, идеаларды балдарга айтып, орун басарлар менен кеңешип жатам. Мисалы сапаттуу тоо велосипеддерин алалы деп жатабыз. Жөө жүргөндөн көрө, түз жерде велосипед берип койсо жакшы эмеспи. Балким бул саамалык кимдир бирөөнүн кулагына өөн угулушу мүмкүн, бирок өнүккөн өлкөлөрдө муну колдонот. Жетиштүү күйүүчү майыбыз болбогондон кийин, балдарды жөө ары-бери чуркаткандан көрө велосипед алып берем. Ат сатып алалы деп атабыз.

Кыш келгенге чейин бизде 2,5 ай убакыт бар. Ошого чейин жок дегенде жашоо-шарттарын дурустап, тамак ичкен жайларын, мончолорун оңдоп берели деп атабыз. 2,5 айдан кийин келсеңиз, мүмкүн мен мобул иштерди жасадык, мобуларды аткардык деп айтып береттирмин.

Жашоо-шарты начар болсо алардан бир нерсени талап кылуу, патриоттук сезимин ойготуу оңой эмес. Аскерге көбүнчө айылдык балдар, колунда жок бүлөөнүн балдары келет. Айрым учурда "үйдө кыйын болуп калды, жок дегенде бир жыл армияга барып кел", - деп жөнөткөн үй-бүлөлөр да бар. Ошондуктан биз аларга армиядан маданиятты, тарбияны да үйрөтүшүбүз керек.

Москвада мигранттар кармалды

Москвадагы рейд "кылмыштуу топко эмес, мигранттарга каршы жүргүзүлүп жатканы" укук коргоочуларды тынчсыздантууда, 30-июль, 2013

Москвада полиция шаардагы базарларда рейд өткөрүп, жүздөгөн мигранттарды кармап кетти. Соңку рейд өткөн аптанын этегинде “Матвеевский” базарында полиция кызматкерлерин ур-токмокко алган кылмыштуу топко каршы көрүлгөн аракет болуп калды. Ал арада орус улутчулдары “полицияга жардам беребиз” деген таризде Петербургда жашылча саткандарды полисмендердин көзүнчө кодулашты.

27-июлда Москва полициясы “Матвеевский” базарынан 15 жаштагы кызды зордуктаган кишини издеп жатканда адамдардын тобу менен кагылыша кеткен. Бир полициячы ошол окуяда башы жарылып, ооруканага түшкөн болчу.

“Бойго жете элек кызды зордуктаган”, “полициячыны урган” деп шектелгендер колго түшүрүлдү. Зордуктаган болушу мүмкүн деп Магомед Магомедов кармалганын, полицияга кол көтөргөнү үчүн анын жездеси Магомед Расулов менен эжеси Халимат Расулова кармалышканын айтышты.

Полиция аларды кармап эле токтоп калган жок. “Москванын базарларын кылмыштуулуктан тазалайбыз” деген ураан менен алар шейшембинин таңында эле үч базардан 500гө жакын адамды кармап кетишти.

Москвада жүздөгөн мигранттар кармалды
please wait

No media source currently available

0:00 0:00:51 0:00
Москва полициясынын башчысы Анатолий Якунин шейшембиде ооруканада жаткан полициячыны көрүп чыккандан кийин журналисттерге сүйлөп, алар мыйзамсыз миграцияга каршы кантип күрөшүп жатышканы жөнүндө айтты.

"Биз мыйзамсыз миграция боюнча 250дөн ашуун кылмыш ишин козгодук. Алардын ичинде 60 иш - өз үйүнө 25 адамдан 1000 адамга чейин мигрантты каттатып алган үй ээлерине каршы ачылгандары. Буларды биз каймана мааниде ичине каалаганча адам бата берчү “резина үйлөр” деп коёбуз. Биз ошол мыйзамсыз келгендерди ишке алып жаткан компанияларга каршы да иштеп жатабыз", - деди шаардын башкы полициясы Якунин.

Москванын базарларында постсоветтик өлкөлөрдөн жана Орусиянын көбүнчө мусулмандар отурукташкан Түндүк Кавказ республикаларынан жүз миңдеген мигранттар келип иштейт.

Өлкөнүн Федералдык миграциялык кызматынын башчысы Константин Ромодановский маалымат жыйынында сүйлөп жатып, азыр Орусияда расмий каттоодон өтүп иштеген чет өлкөлүк мигранттардын саны 1.8 млн. экенин, ал арада мыйзамсыз иштегендер 3.5 млн. дон ашып кеткенин айтып, алар тараптан жасалып жаткан кылмыштар “кабыл алынгыс” деп билээрин белгиледи.

"Бул чыдап болбой турган нерсе. Мындайга жол берилбеши керек, - деди Ромодановский. - Мен эч кимге насаатымды берейин же кырдаалга таасир этейин деген ниетим жок, бирок жөнөкөй адам катары муну өтө катаал чаралар менен токтотуш керек деп эсептейм. Анткени биздин эрежелер, мыйзамдар бузулуп жатпайбы. Биз өзүбүздү-өзүбүз урматтай билишибиз керек да, бул өңдүү окуяларды болтурбаш үчүн колдон келгендин баарын жасашыбыз зарыл".

Миграция боюнча өлкөдөгү биринчи адам Ромодановский “мен таасир этүүнү каалабайм” дегени менен, анын сөзүн орус коомунун мурдатан эле чет өлкөлүктөргө тетири карап келген улутчул бөлүгү кайсыл бир деңгээлде "тымызын колдоо" катары кабыл алды дешет укук коргоочулар.

“Жарандык көмөктөшүү” деп аталган укук коргоо уюмунун төрайымы Светлана Ганнушкина өлкөдөгү азыркыдай масштабдуу камоолор Орусияда ксенофобиянын кайрадан күчөшүнө алып келет деп билдирди.

Ал арада интернетте дал ошол ойду тастыктаган видео-клиптер пайда боло баштады.

Өздөрүн “мыйзамсыз жашылча-жемиш саткандарга каршы чыккандар” деп атагандар Петербургдун көчөлөрүн, базарларын аралап, жашылчанын түрлөрүн сатып отургандарды текшере башташат. Алар полициянын ролун аткарып, мигранттарын документтерин текшерип, уруп-сабап, тилдеп, мунун баарын видеого тартышат. Болгондо да окуяга полиция күбө болуп турганына карабай, улутчул жаштарды токтотууга эч кандай аракет көрбөйт.

Кыргызстандын Москвадагы элчилигинен “Азаттыкка” билдиришкендей, азырынча Москванын базарларында рейд жүргүзүлгөн жерлерде кыргызстандыктар кармалган-кармалбаганы тууралуу маалымат жок. "Кыргыздар Москвада көбүнчө "Строгино", "Мытищи" базарларында көп кездешет. "Матвеевскийде" жана башка базарларда рейдде кармалгандардын арасында кыргызстандыктар бар-жоктугу тууралуу бизге айтыша элек", - деди элчиликтин юристи Мырзабек Карагулов.

Кошуналарды ким козутуп жатат?

Аксыда кыргыз-өзбек чек арасын бөлүп көрсөткөн мындай белги талаштуу делген бүт эле аймактарда кездеше бербейт

Кыргыз-өзбек жана тажик-өзбек чек араларында чекти коргогондор тарабынан адам өлтүрүүлөрдүн көп каттала баштаганы эмнеден кабар берет?

Ушул айда Борбор Азиядагы бир катар чек араларда жаңжалдар, адам өлүмү менен коштолгон инциденттер катталды. Ай башында Кыргызстан менен Казакстандын ортосунда казак тарапка кетчү суу каналынын жабылышы, айдын ортосунда Кыргызстандын түштүгүндө кыргыз-өзбек чек арачыларыларынын атышуусу, өзбек-тажик чек арасында бир аялдын атылышы региондо көптөн бери ийгиликсиз уланып келаткан чек араны делимитациялоо маселесин кайрадан күн тартибине койгонсуду.

Өзгөчө, кыргыз-өзбек чегин коргогондордун чыры эки тараптуу айыптоолорго жем таштаганы кооптуу абалды түзгөнү айтылууда.

Айрым эксперттердин баамында, жыл башынан бери Өзбекстандын Кыргызстан жана Тажикстан менен чектешкен аймактарында улам кайталанып келаткан чагымчыл иштер атайын уюштурулган бузуку аракеттер болушу мүмкүн. Алар мындай чагымчыл аракеттердин артында регионго бүлүк салгысы келген үчүнчү бир сырткы күчтөр болушу мүмкүндүгүн, же чектеш өлкөлөрдүн өзү да аралашкан учурлар болуп кетиши ыктымал дешет.

Мындай провокациялык аракеттерге себеп болчу жагдай катары Кыргызстан менен Тажикстандын суу ресурстарын өз алдынча пайдалануу, же жаңы ГЭСтерди куруу аракетине бут тосуу, же тескерисинче, эч ким менен эсептешпеген Ташкенттин мойнун толгоо максаттары аталат.

Ошол эле маалда, “Азаттыктын” кыргыз атайын кызматтарында атын атагысы келбеген ишенимдүү булагы “провокация жөнүндөгү кабарларды расмий Ташкен Кыргызстанга эскертүү же коркутуу иретинде атайы өзүнүн каналдары аркылуу таркаткан болушу деле ажеп эмес”, - деп билдирди.

Ал чалгын маалыматтар кыргыз атайын кызматтарына кантип түшүп калганы, анда кайсыл аймактар жөнүндө сөз болуп жатканы жана эмне болгон провокация жөнүндө айтылганы, аны ким жасай турганы айтылбайт. Азырынча бул кабарды өзбек күч органдары тараптан тастыктоого же төгүндөөгө мүмкүн болбоду.

Бирок өзбек чек ара кызматтарынын чекти коргоодогу аракеттери соңку айларда кескин агрессивдүү мүнөзгө өткөнүн бир эле кыргызстандык эмес, Өзбекстан менен чек арасы толук аныкталып бүтө элек Тажикстандын эксперттери да айтып жатышат.

Бул тууралуу толугу менен “Өңүт” программасын төмөндөгү шилтемеден угуңуз:

please wait

No media source currently available

0:00 0:18:43 0:00
Түз линк

"Мемориал": Орусияда өзбек жарандарына кысым күчөдү

Дагестанда Өзбекстандын жарандары дайынсыз жоголууда, ал эми Брянскиде өзбек качкыны мекенине депортацияланды.

Орусиядагы "Мемориал" укук коргоо уюму 24-июлда маалымдашынча, Дагестанда эки өзбек жараны Махачкала шаарынан жоголуп кетти. Туугандары аларды атайын кызматтар Өзбекстанга депортациялоо максатында уурдап кетти деп шек санашууда.

23 жаштагы Алишер Фазилов менен анын агасы, 30 жаштагы Жарусбек Фазиловдун ысымдары Өзбекстандын Башкы прокуратурасынан Орусияга түшкөн документтерде көрсөтүлгөн.

Алишердин аялы, Орусиянын жараны Жамулат Нажмудинова бир туугандар 13-июлда эртең менен курулуштагы ишине чыгып кеткен боюнча кайтып келбегенин "Мемориалга" билдирген. Алардын машинеси ошол эле күнү жолдун боюнда табылган. Бул тууралуу эртеси Махачкаланын Киров районунун Ички иштер министрлигине арыз берилген, бирок азыркыга чейин милициядан жооп боло элек.

"Мемориалдын" Борбор Азия боюнча башкы адиси Виталий Пономарев жума күнү "Азаттыкка" экөө тууралуу ушул убакытка чейин эч кандай маалымат жок экенин, балким экөөнү Өзбекстанга алып кетишкенин, же Ташкенге учак учкан башка бир шаарда кармалып турушкан болушу мүмкүн экендигин билдирди.

Алишер Фазилов апрелде Дагестандын Кизляр районунун тартип коргоочулары тарабынан кармалып, эл аралык издөөдөгү адам катары убактылуу камак жайына камалган. Бирок райондук сот прокуратуранын аны камоо тууралуу өтүнүчүн четке каккан.

Документтерден айгине болгондор мындан бир жыл мурда Өзбекстандын Кашкадайра дубанынын ички иштер бөлүмү Алишер менен Жасурбек Фазиловдорго Өзбекстандын конституциялык түзүлүшүнө шек келтирген деген айып менен кылмыш ишин козгогон. Өзбекстан экөө Махачкалада дагы тыюу салынган уюм түзгөн деп ырастаган. Бирок "Мемориал" тараткан билдирүүдө айтылгандай, Дагестандын бийликтеринде ага-ининин мыйзамсыз иштери тууралуу маалымат жок.

Пономаревдин айтымында, 25-июлда дагы эки өзбек жараны аларды депортациялоо аракети болуп жатканын айтып, "Мемориалга" кайрылды.

- Былтыр күздөн бери өзгөчө Москвада жана Москва областында өзбек жарандары камакка алынган учурлар кескин көбөйдү. Диний экстремисттик иш-аракеттерге тиешеси бар деп Өзбекстан айыптап, издөө салынган учурлар көбүнесе жок жерден ойлонуп табылган иштер. Орусия мындай учурларда экстрадицияга жеткирбей, изделгендерди Өзбекстанга визасынын мөөнөтү өтүп кеткен деген сыяктуу административдик эреже бузуулар боюнча депортациялоого аракет кылышат. Болбосо, Европа кеңеши кийлигишип, аларды чыгарып жиберүү мүмкүн болбой калган учурлар кездешет. Киши камакта отурса, визасын узарта алмак эмес, бирок бул эреже бузуу аны өлкөдөн чыгарууга шылтоо болуп берет.

Ушул эле уюмдун маалыматы боюнча, Орусиянын Брянск областында июлдун башында өзбекстандык качкын мекенине депортацияланганы маалым болду. Бейрасмий маалыматтар боюнча, Өзбекстанда Орусиядан июлдун башында мыйзамсыз чыгарылган Абдусамад Мирзаевдин иши боюнча тергөө жүрүп жатат.

Мирзаев Брянскиде 1-июнда кармалып, камакта отурган кезде орус визасынын мөөнөтү өтүп кеткендиктен, аны Орусиядан чыгаруу тууралуу чечим кабыл алынган. Уюмдун болжолунда өз мекенинде диний-экстремисттик уюмга мүчө деп шектелген Мирзаев сот чечими чыгаары менен өлкөдөн депортацияланган.

Мирзаевдин иши боюнча Брянскиге "Мемориалдын" кызматкери Бахтиор Хамроев барганда, тартип коргоочулар анын өзүн 4-июлда жанындагы эки киши менен чогуу камакка алып, бир күн абакта кармашкан. Саламаттыгына байланыштуу тез жардам чакырууга туура келгенде гана укук коргоочуну койо беришкен.

Каримов дагы бир стратегиялык темир жол курууда

Өзбек бийликтери бузуп салган Өзбекстан-Тажикстан темир жолунун 700 метр жери. 22-март 2012

Өзбекстан Ташкенди Фергана өрөөнү менен туташтырган Ангрен-Пап темир жолун курууга киришти.

Бул жөнүндө 23-июлда өлкөнүн маалымат булактары Экономика министрлигине жана Мамлекеттик статистика комитетине шилтеп кабарлады. Бул долбоор, президент Ислам Каримов мурда айтканга караганда, үч жылдын ичинде бүтүп, пайдаланууга берилүүгө тийиш.

Өзбекстандын Тажикстанды кыйгап өткөн темир жолду куруу ниети жөнүндө президент Ислам Каримов апрелде Анжиянда облус депутаттары алдына жар салган. “Фергана өрөөнүндө 10 миллион эл жашайт. Ошондуктан бул регион менен темир жол байланышы жок экенине көңүл бурбай койо албайбыз. Бул маселе 2014-2015-жылдары чечилет. 2016-жылы темир жолдун курулушу аяктап, биз Анжиянга чейин поезд менен барганга мүмкүнчүлүк алабыз”, - деп айткан Каримов кезексиз жыйында.

Азыр Ташкен тараптан Фергана өрөөнүнө жүк негизинен 2 200 метр бийиктеги Камчык ашуусу аркылуу машине менен ташылат. Ташкендик серепчи Дмитрий Поваровдун “Азаттык” радиосунун өзбек кызматына айтышынча, Тажикстандын Согду облусу аркылуу Ташкен - Жалал-Абад темир жолу өткөнү менен, ал жүк ташуу үчүн пайдаланылбайт.

- Фергана өрөөнүнө Тажикстан аркылуу өткөн темир жол менен жүк ташылбайт. Өзбекстандын ортолук аймагынан Фергана өрөөнүнө автомобиль менен жүк ташуу өтө кымбат турат. Ошон үчүн темир жол куруу жөнүндө чечим кабыл алынган.

Ангрен-Пап темир жолу бүтсө, Өзбекстан Тажикстан тараптан өтчү 129 чакырымды пайдаланбай калат. Азыр ал тилке аркылуу мунай ташыганы үчүн Дүйшөмбү шаарына жылына 25 млн. долларга жакын акы төлөйт.

Фергана өрөөнүнүн картасы
Фергана өрөөнүнүн картасы
Курулушу жаңы башталган Ангрен-Пап темир жолун бүткөрүүгө 2 млрд. доллар кетери айтылууда. Намангандагы машине куруу заводунун мурдагы директору Абдувахид Паттаев “Азаттыктын” өзбек кызматына курган маегинде Ташкен облусун Фергана өрөөнү менен бириктирген темир жол чыгымын ылдам эле актайт, Өзбекстан Тажикстандын көзүн карабай калат дейт:

- Бул темир жол 2 миллиард доллар эмес, андан кымбатка турса дагы өзүн тез эле актайт. Канткен күндө деле, эртеби-кечпи, Тажикстанды кыйгап өткөн темир жол курулуш керек болчу. Себеби жолду пайдаланып, Тажикстан кысым жасоону уланта бермек. Темир жол курулуп бүтсө, Өзбекстан коңшулардын айынан жаралчу кыйынчылыктардын кутулат. Мунун жакшы жагы бар, жаман жагы жок.

Талдоочулар Ангрен-Пап темир жолу, ошондой эле долбоорлонуп жаткан Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолу Ташкенге Тажикстанга таасир этчү кошумча буроо болорун айтышат.

Ташкен 2010-жылдан тарта Рогун ГЭСинин курулушуна байланыштуу Тажикстанга өтчү Амузанг-Хатлон темир жолунан жүк тарткан поезддерди тосо баштаган. Кийинки жылы 16-ноябрда чек арадан беш чакырым террорчулар көпүрөнү жардырды деген шылтоо менен жолду бууп салган жана 2012-жылы мартта темир жолдун айтылган бөлүгүн жыйнап алган.

Өзбекстан 2007-жылы Ортолук жана Түштүк аймактарын туташтырган Ташгузар-Байсун-Кумкорган темир жолун курган. 450 млн долларлык бул жол Түркмөнстанды айланып өтөт.

Кыргызстан менен Өзбекстандын чек арасы. Ош облусу. 23-январь 2013
Кыргызстан менен Өзбекстандын чек арасы. Ош облусу. 23-январь 2013
“Ангрен-Пап темир жолу Кыргызстандын түштүгүнө канчалык пайдалуу?” деген суроого Айдаркен сымап комбинатынын директору Толубай Салиев мындай деди:

- Болочокку темир жол аркылуу жүк ташыганга Өзбекстан уруксат берген болсо, абдан жакшы болмок. Жол кыскарат. Азыр Айдаркен, Кадамжай жана Кызыл-Кыянын чоң-чоң ишканалары жүктү Төө-Ашуу аркылуу ташып жатат. Айдаркен сымап комбинаты жана Кадамжай сурьма комбинаты жабдууларды, чийки заттарды, химиялык регенттерди жана башка заттарды темир жол менен ташыса, арзан жана ыңгайлуу болмок. Жол кыскарса, абдан жакшы болбойт беле.

Толубай Салиев бирок ал жолду пайдалануу үчүн Өзбекстан кыргызстандык ишканаларга келген жүктөрдү негизсиз кармап текшергенди токтотуш керек экенин баса белгиледи:

- Алар Айдаркен сымап комбинатына келген жабдуу жана башка нерселерди чыгарбай тосуп алып, кыйнагандыктан биз унаа жолун эле колдонобуз. Темир жолду пайдаланбай калганыбызга эки жылга аяк басты.

Толубай Салиев мындай жасалма кыйынчылыктардан улам Айдаркен сымап комбинаты Фергана шаарындагы темир жол түйүнүн пайдаланганды эки жылдай илгери токтотконун кошумчалады.

Ал эми украиналык эксперт Микола Загурский босоголош жана чек арасы чиелешкен Борбор Азия мамлекеттери чоң добоорлордун үстүнөн чогуу иштешпей, ар кими “өз көмөчүнө күл тартканы” региондогу стабилдүүлүккө салым кошпойт деп эсептейт:

- Борбор Азия мамлекеттеринин өз ара кызматташуусунун азыркы абалы таң калтырат. Эгер алар өз ара жакшы мамиледе болсо - мен ушуну кааламакмын - көп ийгиликтерге жетише алмак. Себеби региондогу туруктуулук өз ара кызматташуунун абалына көз каранды. Борбор Азиянын ар бир өлкөсүнүн улуттук өзүмчүлдүккө жетеленип, кандайдыр бир өз алдынча кадамдарды жасаганы жаман ойлорго түртөт. Албетте атаандаштык бар. Бул табигый нерсе. Аны эч ким жокко чыгара албайт. Бирок экономикалык, гуманитардык жана башка багыттагы кызматташуудан орток долбоор жаралмак. Бул улуттук өзүмчүлдүктүн натыйжасында кабыл алынган чечимден мыкты болмок. Анткени кырдаалды бейстабилдештирүү дайыма кошумча чыгым менен коштолот. Тилекке каршы Өзбекстан бул факторду эсине албайт.

Белгилей кетели, май айында президент Алмазбек Атамбаев Орусия-Казакстан-
Кыргызстан-Тажикстан темир жолун курууну сунуш кылып, Ташкендин кычыгына тийген. Бул долбоор ишке ашса, эксперттердин айтымында, Өзбекстандын түштүк облустары үчүн пайдалуу болот.

Казакстан: абактагы пастор ачкачылык жарыялады

Бахжан Кашкынбаев

Казакстанда динзарды чиркөөсүнө акча берүүгө мажбурлаган деп күнөөлөнгөн таатчы ачкачылык жарыялады. Жашы жетимишке таяп калган Бахжан Кашкынбаев бийликтер аны психиатриялык ооруканага камап салууну көздөйт деп айтууда.

Казакстанда камактагы христиан таатчысы Бахжан Кашкумбаев Астанадагы баптисттердин чиркөөсүн дээрлик 20 жылдан бери башкарат. Ал динзарларга жекшемби күнү таат окугандан тышкары алардын күнүмдүк турмушундагы ырым-жырымдарды аткарат.

Мына ушул киши өз чиркөөсүнө келген динзарга акыл-эсине таасир этүүчү суюктук берген деген кине менен ушул жазда камакка алынган эле. Таатчы 18-июлда ачарчылык жарыялап жаткандыгын кат аркылуу маалымдады.

Дал ушул күндөрү Кашкынбаевдин эс-акылы ордунда экендигин текшерүү үчүн аны убактылуу камак жайынан психиатриялык мекемеге которуп жатышканы маалым болду.

Пастордун ишениминде, текшерүү аны психиатриялык ооруканада камап коюу максатын көздөйт. Ал май айында өзү башкарган «Благодать» чиркөөсүнүн мүчөсүнө эки жыл мурда «атайылап саламаттыгына оор залал келтирген» деген айып менен кармалган. Бул айып менен кесилгендерге Казакстанда жети жылга чейинки түрмө мөөнөтү каралган.

Казакстан Борбор Азиядагы эң көп сандагы, 10 миңден ашык баптист христиандары бар өлкө деп саналат.

Христиан динин кабыл алган, улуту казак Кашкынбаевге ал чиркөө мүчөсү Ляззат Алменовага акыл-эсине таасир этүүчү суюктук берип, ошондой эле таат, сыйынуу аркылуу аны чиркөөгө акча берүүгө мажбурлаган деген кине коюлган. Кашкынбаев да, 34 жаштагы Алменова да бул кинелерди четке кагышкан. Казакстанда маалымат каражаттары "акыл-эсине терс таасир тийгизди" делген суюктукту текшергенде, ал кадимки эле кара чай болуп чыккандыгы аныкталгандыгын жазышкан. Арыз менен Алменованын энеси 2011-жылы кайрылган. Анда арыздануучу Кашкынбаевдин диний кызматынын кесепетинен кызым шизофреник болуп кетти деп ырастаган.

Алменова өзү Астана прокурорлоруна саламаттыгы мыкты экендигин, пастор анын ден соолугуна залал келтиргидей эч нерсе жасабаганын айткандыгын жергиликтүү маалымат каражаттары жазышкан. Ошого карабастан бийликтер тергөөнү улантып, май айында Кашкынбаевге айып коюп, камакка алышкан. Тергөөчүлөр жакында анын эс-акылы ордунда экендигин текшертүүнү буйрушту.

Тергөөчүлөрдүн айтымында, Астанада жүргүзүлгөн алдын-ала текшерүүдө пастордун акыл-эс көйгөйү бар экендиги аныкталган. Кашкынбаев ошондон кийин Алматыдагы убактылуу камак жайына которулган.

Бул теманы иликтеп жаткан "Азаттыктын" казак кызматынын Алматыдагы кабарчысы Эрден Карсыбеков бул көз карандысыз диний уюмду кысымга алуу аракети болушу мүмкүн деп эсептейт:

- Ар кандай болушу мүмкүн. Жабырлануучунун энесине арыз жаз деп башка бирөө үйрөткөн болушу мүмкүн. Муну анын өзүнөн сураш керек, бирок биздин интернет сайтта бир окурман жазгандай, бул иште кимдин эмнени көздөгөнү оркоюп эле көрүнүп турат. Бул чындыгында да ойлонуп табылган окуя болушу мүмкүн.

Өз адвокаты аркылуу тараткан катында Кашкынбаев бийликтер күнөөсүн далилдей албагандан кийин, шылтоо таппай, эми аны психиатриялык ооруканага жиберип жаткандыгын жазды.

Кашкынбаев кармалып турган жайдын жетекчиси Алексей Оришенко "Азаттыктын" казак кызматына анын ачарчылык жарыялаганы тууралуу билбей тургандыгын айтты. Бирок ал Кашкынбаев психиатриялык ооруканага жакын арада которулганы жаткандыгын бышыктады.

Май айында казак бийликтери укук коргоочу, журналист Александр Харламовду Алматыда эс-акылын текшертүүгө мажбурлаган эле. Атеист Харламов диндер аралык араздашууга шыкакчы болгон деп күнөөлөнүп, аталган ооруканада бир ай жатып чыккан.

Светти көмүргө кантип алмаштык?

Кыргызстандын өкмөтү Казакстанга кымбат баада электр энергиясын экспорттоп, андан арзан баада көмүр сатып алуу жагы чечилгенин жарыялады.

Бирок коомчулук өкүлдөрү көмүр тартып келүүдөгү буга чейинки күмөндүү схемалар мурдагыдай эле иштеп жатканын белгилешүүдө.

Жакында өкмөт башчысы Жантөрө Сатыбалдиев Казакстандын премьер-министри Серик Ахмедов менен телефон аркылуу сүйлөшүүдө электр энергиясын экспорттоо жана көмүр ташып келүү маселесин макулдашты. Бул макулдашууга ылайык, Казакстан быйыл Кыргызстандан 500 миллион кВт электр энергиясын сатып алмакчы. Ошондой эле Кыргызстан Казакстандын Шабыркүл кенинен 450 миң тонна көмүр сатып алат.

Өкмөт башчынын маалымат катчысы Мелис Эржигитов кышка камылга боюнча макулдашууга ылайык, мамлекеттин каражаты жылдагыга караганда бир топ үнөмдөлгөнүн белгиледи:

- Бүгүн таңкы саат бештен баштап Кыргызстан Казакстанга эң жогорку баада электр энергиясын экспорттой баштады. Бул жолку макулдашууга ылайык, анын баасы 4 центке бааланды. Мындай баада электр энергиясы экспорттоло элек болчу. Ошол эле маалда Кыргызстан Бишкек жылуулук борбору үчүн Казакстандын Шабыркүл кенинен 450 миң тонна көмүрдү тоннасын 42,50 доллардан сатып ала турган болду. Башында бул көмүрдүн баасы 43,50 доллардан болуп жаткан. Сүйлөшүүдөн кийин бир долларга арзандатылды. Муну менен мамлекеттик каражат бир нече миллионго үнөмдөлдү.

Негизи Казакстанда электр энергиясы өнөр жай ишканалары менен калкты камсыздоо үчүн жетиштүү өндүрүлөт. Бирок өкмөттөр аралык мурда бекитилген макулдашууга ылайык, Казакстан жетиштүү көлөмдө суу алуу үчүн жыл сайын кандайдыр бир көлөмдө электр энергиясын сатып алып турат. 2003-жылга чейин Казакстан Кыргызстандан 1 миллиард кВт электр энергиясын сатып алып турган. Бирок кийин ал өзүнүн энергетикалык кубаттуулугун күчөткөндөн кийин бул көрсөткүч бир топ түшүп кеткен болчу.

Энергетика боюнча эксперт Бакирдин Сейитказиев өкмөттүн электр энергиясын 4 центтен экспорттоосун мындайча баалады:

- Өкмөт быйыл электр энергиясын 4 центке чейин көтөрүп сатып алдык дегени мактанарлык деле иш эмес. Мурун деле электр энергиясын 4 центтен саткан учурлар болгон. Ал эми 2008-жылы болсо 4,6 центтен сатылган. Бул эми Казакстандын сугат сууга болгон муктаждыгына жараша аныкталат. Мына ошол кезде да коңшулар сууну көбүрөөк койо бергиле деген өтүнүч менен электр энергиясын мына ошондой баада сатып алып турушкан.

Кимдин көмүрү жакшы күйөт?

Кыргызстан 1997-жылдан бери Бишкектеги жылуулук борбору үчүн Казакстандын Шабыркүл көмүрүн сатып алат. Формалдуу түрдө жылда тендер жарыяланганы менен “Шабыркүл” компаниясы Бишкек жылуулук борборун көмүр менен камсыздоодо монополисттик абалды камсыздаган.

Казакстандык бул компания белгилүү олигархтар Машкевич, Ибрагимов жана Шодиев кожоюндук кылган "Евразиялык каржы, өнөр жай" корпорациясына таандык. Парламенттин отун-энергетика комплекси боюнча комитетинин төрагасы Кожобек Рыспаев Шабыркүлдүн көмүрү эмнеге тандалып жатканы былтыр иликтенгенин айтты:

- Машкевичтердин тобу кожоюндук кылган көмүр эмнеге эле жылда сатылып алынат деген суроону адегенде биз көтөргөнбүз. Биздин адистер аталган көмүрдүн Бишкек жылуулук борборунун буу казандары үчүн ылайыктуу экенин жана башка маркадагы көмүргө караганда арзан түшө турганын далилдеп беришкен. Анткени башка көмүр алганда, ага кошумча мазут жана газ сатып алууга туура келет экен. Ал эми Шабыркүл көмүрү андайга муктаж эмес экен. Ошондуктан биз мына ошол көмүрдү сатып алууга уруксат бергенбиз.

Бирок талдоочулар эгерде ал көмүрдөн башка тандоо жок болсо, эмнеге “Электр станциялары” тендер жарыялап убара болот деген суроону коюшту. Анткени тендердин шарты боюнча 450 миң тонна көмүрдүн баасы бир канча миллион долларга барабар.

2011-жылы Бишкек жылуулук берүү борбору башка бир казакстандык “Кулан ТБ” ишканасы өндүргөн көмүр менен камсыздалган. Аталган көмүрдүн тоннасы 23 доллардан болгон. Бирок анда радиациянын көлөмү жогору деген чатактын айынан аталган кенден көмүр ташып келүү былтыр токтотулган. Ал эми Шабыркүл көмүрү 42,5 долларга бааланышын айрым эксперттер өтө кымбат деп сыпатташууда.

Казакстан кыргыз малчыларын бошото элек

Казакстандагы камакта жаткан кыргызстандык малчылардын соту эки айдан кийин болот.

24-июлда сот алардын баш коргоо чарасы тууралуу арызды карап, эки ай камоо тууралуу чечим чыгарды. Бул тууралуу “Азаттыкка” Каракол чек ара аскер бөлүгүнүн саркери Кыялбек Төлөнбаев кабарлады.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги камалган жарандар боюнча нота жөнөттү.

Кармалган 7 жаран учурда Казакстанда райондук милициянын убактылуу тергөө абагында отурат. Сот алгач ата-бала Узаковдордун баш коргоо чарасын карап, эки айга камоо тууралуу чечим чыгарган экен. Бул тууралуу “Азаттыкка” кармалгандардын бир тууганы Көчөрбай Узаков кабарлады:

- Ал жакта менин агам, агамдын баласы бар. Кечээ барып келишти. Агамдын аялы жок, жеңеси менен келини барып келди. Жолуккан жокпуз, камерада жаткан жеринен телевизордон эле көрсөтүптүр.

Узаковдун өзүнүн баласы да казак чек арачыларына кармалган. Бирок 16 жашта гана болгондуктан кайра бошотулган.

Кармалгандардын арасында Динара Бегинбаеванын 32 жаштагы уулу бар. Ал баласы менен соттун алдында сүйлөшкөн экен:

- Кечээ балам 4кө 15 мүнөт калганда чалды. Бизди сотко алып келди, келдиңер беле деп сурады. Биз баралган жокпуз дедик. Чек ара заставага кармап жаткан. "Абалыбыз жакшы, бирок тезирээк чыгарып кетсеңер болот эле" деп атат. Биз вице-премьер-министр Сарпашевге чейин барып кезиктик, ошондон чыгарып бергиле деп сурандык. "Өкмөткө барам, билдирем, аны-муну" деп коюп эле кетип калды. Губернаторго барсак, аныбыз да жок. Орун басарына жолуксак, "өкмөт билет, Мамытовдун да кабары бар" деп коюп жатат. Ата-энелер эмне кылаарбызды билбей жатабыз. Ак үйгө барсакпы деп атабыз.

Каракол чек ара аскер бөлүгүнүн саркери Кыялбек Төлөнбаев кармалгандарды бошотуу аракеттери болуп жатканын айтууда:

- Казакстанга биз документтердин баарын чогултуп бергенбиз. Кечээ сот болуп, убактылуу тергөө абагында кармалсын деген чечим чыкты. Азыр эми сотто шарттуу жаза алып, дароо чыгаргандай кылып сүйлөшүп жатам. Учурда кармалгандардын баары убактылуу кармоочу жайда. Мен азыр да сүйлөшкөнү Каркырага кетип жатам.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Казакстанда кармалып турган кыргызстандыктарды бошотууну суранганын “Азаттыкка” аталган министрликтин маалымат кызматынын башчысы Турдакун Сыдыков билдирди:

- Кыргыз-казак чек ара аймагында болгон окуя боюнча биздин Алматыдагы башкы консулдук Казакстандын Тышкы иштер министрлигине нота жолдогон. Анда иликтөө иштерин туура жана түз жүргүзүү тууралуу, ошондой эле биздин жарандарды бошотуу боюнча нота жиберилген. Биздин консулдук Казакстандагы тиешелүү органдар менен байланышып иштеп жатат. Казак тарап биздин жарандардын чек ара эрежелерин бузуу боюнча иликтөө иштерин жүргүзүп жатат.

Ысык-Көлдүн Түп районундагы Корумду айылынын жогору жагындагы Көк-Көл жайлоосуна жайкысын эл мал жаят. Казакстан менен чектешкен жайлоодо малдын кошуна өлкөнүн аймагына өтүп кеткен учуру көп эле болот.

Аталган айылдын 9 жаранын казак чек арачылары 11-июлда кармап кетип, кийинчерээк экөөнү кайра бошоткон. Алар чек арадан мыйзамсыз өткөн деп айыпталып жатат. Бирок кармалгандардын жакындары мал издеп жүрүп колго түшкөнүн айтууда.

Катта-Тузда мунай өндүрүү иши токтоп турат

Сүрөт "Азаттыктын" архивинен алынды

Өткөн айда Баткендин Тажикстан менен чектеш Арка өрөөнүнөн мунай өндүрүп келген кошуналар чыгарылган.

Катта-Туздагы бул маселе боюнча эки тараптуу жолугушуу да өткөн. Бийлик аймакты эми кыргыз тарап иштетет деп айтып чыккан. Бирок мекемеде абал ушул күнгө чейин өзгөрө элек. Жер астынан кара май сордургучтар токтогон жок. Бирок ал жерден эч ким мунай ала элек.

Лейлек районунун Жаңы-Жер айыл округунун Арка аймагында 1974-жылдан бери Тажикстан иштетип келген 20 гектарга чукул аймак өткөн айда кошуналардан бошотулган. Катта-Туз аймагынан кара май өндүрүп жүргөн тажикстандыктар кара май сордургуч 9 кууру жана табигый газ алуучу 5 скважинасын таштап кетишкен.

Кошуналар бул аймактан мунай өндүрүп жатышын өткөн кылымдын 80-жылдарындагы эки тараптуу келишимге таянганын оозеки гана билдирген. Бирок бул кен 1992-жылы эле Кыргызстанга өтүшү керек болчу. Эмнегедир андай болбой, Кыргызстандын токой чарбасынын аймагында кара май өндүрүү уланып келген.

Кыргызстандын карамагына өткөнүнө бир айдан ашса да али күнчө бул мекеменин макамы ачыкталып, ким, кандай шартта иштетээри белгисиз болуп турат. Лейлек районунун акими Тилеберди Арипов "бул ишти өкмөт жакынкы күндөрү бир жаңсыл кылыш керек, Бишкекти күтүп турабыз" дейт:

- Азыркыга чейин бүтө элек. Ошол баштапкы эле абалда турат. Мунай өндүрүү токтогон жок. Чек арачылар кайтарып турушат. Мунайды чыгарып кетүүгө жол берилбей турат. Ал жерде топтоочу идиштер бар. Ал да толуп калды деген маалымат айтылды. Ошондуктан дароо чечиш керек болуп жатат. Биз сунуш берип жатабыз, ким иштетсе да айыл округу аркылуу болсун деп жатабыз.

Чек арадагы Жаңы-Жер айыл округунун башчысы Саатбек Эгембердиев бул аймакты иштетүүдө жергиликтүү бийликтин, калктын кызыкчылыктары эске алынса жакшы болмоктугун айтат. Анын баамында, жогорку басымда чыгып жаткан газ аймактагы бир топ айылдарды камсыздоого жетишмек:

- Жаңы-Жер айыл округу иштетип калса жакшы болмок. Өкмөт бул маселени чечип берсе, районду толук болбосо да, бир топ айылдарды газдаштырып алмакпыз. Ал жерде 10-15 атмосферада газ чыгып турат.

5 газ тартуучу жана 9 мунай сордуруучу скважиналар бир топ жылдан бери иштеп жатышын эч ким таназарына албаганы көпчүлүктү таң калтырды. Кыргызстандын аймагына 20 чакырымдан ашуун тоолордун арасына тажикстандыктар кирип келип, мунай өндүрүп жатса да эч ким кабардар болгон эмес. Мындан тышкары өндүрүлгөн кара май кантип чек арадан чыгып турганы да табышмак. Суткасына бул жерден 5 тоннадай мунай чыгат.

Жакында шайланган айыл округ башчысы Саатбек Эгембердиев Тажикстан бул аймакта этникалык кыргыздарды иштеткендиктен көпчүлүк байкаган эмес дейт.

- Буга чейин ал жердеги иш каттоодон өткөн эмес. Эч кандай салык да төлөнгөн эмес. Ал жерде иштеп жаткан кишилерди токойчулар жана башка кишилер көрүп эле жүрүшкөн. Бирок Тажикстан ал жерге жалаң этникалык кыргыздарды жумушка алгандыктан аларды кыргыз мекемелериндеги эле кызматкерлер деп ойлошсо керек.

Арка өрөөнүндөгү кошуналар мунай өндүрүп жаткан жерде азырынча иш токтоп, аймакты кыргыз чек арачылары көзөмөлдөп турат. Бирок мунай өндүрүү токтобой иштеп жатканын, өндүрүлгөн продукциянын жыйналып турганын расмий бийлик билдирген.

Аксыда кыргыз-өзбек чек арачылары атыша кетти

Өзбек чек арачылары кыргыз-өзбек чегиндеги көпүрөдө. Кара-Суу, 16-июнь, 2010. (Сүрөттүн азыркы окуяга тиешеси жок.)

Чек арадагы атыштан бир өзбек чек арачысы каза таап, дагы бири жаракат алганы кабарланууда.

Кыргызстандын Чек ара кызматынан кабарлашкандай, бүгүн (23-июлда) саат он жарымга жакын Аксы районуна караштуу Жети-Загара аймагында кыргыз-өзбек чек арачыларынын ортосунда атышуу болду.

Маалыматка ылайык, чек араны кайтарып жүргөн Кыргызстандын үч чек арачысы өлкө аймагына мыйзамсыз кирип кеткен эки өзбек чек арачысын байкап калган. Аларды Кыргызстандын аймагынан чыгып кетүүнү талап кылган учурда ортодо жаңжал чыккан.

"Өзбекстандын чек арачылары биринчи курал колдонуп, кыргыз чек арачыларына ок атышкан. Атышуудан кошуна өлкөнүн бир чек арачысы каза болуп, экинчиси жараат алды. Кыргыз тараптан жабыркагандар жок", - деп билдирди Чек ара кызматынын маалымат каражаттары жана коомчулук менен байланышуу бөлүмүнүн башчысы Сажира Чоколоева.

Учурда чатак чыккан жерде Ош жана Жалал-Абад аймактык чек ара башкармалыгынын офицерлер тобу окуянын себептерин иликтөөдө.


Окуя болгон жердин картасы


View Aksy in a larger map

Бул окуядан соң Өзбекстандын айрым маалымат агенттиктери "Мас кыргыз чек арачылары өзбек кесиптештерин атып салды" деген кабар таратты. Маселен Podrobno.uz сайты мындай кабарды эч кандай шилтемесиз жазса, 12uz.com сайты ушундай эле кабарды укук коргоо органдарындагы булактарына таянып жазып чыкты. "Бүгүн, 23-июлда Өзбекстандын Наманган облусунда кезектеги кандуу окуя болду, анын күнөөкөрлөрү адаттагыдай эле мас кыргыз чек арачылары. Бул тууралуу укук коргоо органдарындагы булактан кабарлашты. Анын сөзүнө караганда, тишине чейин куралданган кыргыз чек арачылары Өзбекстандын аймагына кирип келип, жөндөн-жөн эле өзбек чек арачыларына ок чыгарган. Натыйжада бир өзбек аскери ошол жерде жан берип, экинчиси оор абалда ооруканага жеткирилди. Дарыгерлер анын өмүрү коркунучта экенин айтууда", - деп жазат аталган сайт.

Кечке жуук Өзбекстандагы көз карандысыз "Новый век" жумалыгынын сайты өлкөнүн Улуттук коопсуздук кызматынын мамлекеттик чек араны кайтаруу комитетинин билдирүүсүн чыгарды. Жогорудагыдай эле маалыматтар камтылган бул билдирүүдө аталган комитет кыргыз тараптан бул инцидент боюнча түшүндүрмө талап кылган. "Өзбек тараптын маалыматы боюнча, шейшембиде эртең менен бир канча кыргыз чек арачысы катуу мас абалында Өзбекстандын аймагына - Сасык-Сай деген жерге кирип келип, өзбек кесиптештерин аткан. Натыйжада бир өзбек чек арачысы каза таап, бирөө оор жаракат алды. Өзбекстандын чек ара комитети кыргыз тараптан чек арачыларынын куралчан кирип келип, ок чыгарышы жана мамлекеттик чек арадагы одоно мыйзам бузуусу боюнча түшүндүрмө берүүгө чакырат", - деп айтылат бул билдирүүдө.

Мындай маалыматтардан соң Кыргызстандын чек ара кызматы коомчулукка аны төгүндөгөн билдирүү таратты. "Өзбек маалымат каражаттары менен интернет сайттарындагы кыргыз чек арачылары мас болгону жана Өзбекстандын аймагына кирип барганы тууралуу маалыматтар чындыкка дал келбейт. Өзбек чек арачылары менен атышкан кыргыз аскерлери Кыргызстандын аймагында болгон жана эч кандай мас эмес эле, муну медициналык текшерүү да тастыктайт. Куралды Кыргызстандын аймагына кирип келген өзбек чек арачылары биринчи колдонгон", - деп жазылат бул билдирүүдө. Кыргызстандын чек ара кызматы муну менен өзбек тарапты иликтөө иштери аяктаганча ой келди, негизсиз айыптоолорду айтуудан кармана турууга да чакырган.

Ошентип азыр окуя кайсы өлкөнүн аймагында болгону суроо туудурууда. Аксы райондук бийлигинен билдиришкендей, окуя Авлетим айыл өкмөтүнө караштуу Дейрес айылында болгон. Кыргыз чек ара кызматынын башкы ордо зардалы Искендер Мамбеталиевдин “Азаттыкка” билдиришинче, окуя болгон чек ара тилкеси такталган, бирок демаркация боло элек.

Чек арадагы кыргыз айылында болсо телефон иштебейт. Маалыматты жеринен тактоо кыйын. Аксы районунун акиминин орун басары Айжан Чилетова Дейреске Шамалды-Сай чек ара тозотунан аскерлер бөлүнүп барганына саналуу гана жыл болгонун айтты.

- Ал жердин калкынын саны 1092 адам, 250 кожолук бар. Айылдын көп тарабы коңшу өлкө менен чектешип тургандыктан чек арачыларды айылдын ичине коюшкан. Жашоочулардын шарттары катаал, жер иштетишет. Былтыры жер алдынан суу өткөрүп бергенбиз.

Ал эми Дейреске жакыныраак жайгашкан Кош-Дөбө айылынын тургуну Алтынбек бул айылга каттап, алака кылгандар чанда кездешет дейт.

- Ал жерде айыл бар экенин билем, бирок аз эле адам жашайт. Кар көп турбагандыктан айылда көбүнчө кышташат, мал багышат. Ош тарабынан Кызыл-Жар, Аксы тарабынан Майлы-Сай деген айылдар бар. Эки кыштактын ортосунан бурулуп тоо аралап, Өзбекстанды көздөй кирип кеткенде Дейрес айылы болот. Кичинекей мектеби бар. Чоң жолдордон Бишкек-Ош трассасына жакын.

Ошентип кыргыз тараптын маалыматына караганда, бул кандуу окуя Кыргызстандын аймагында болгон жана каза тапкан чек арачынын сөөгү менен жарадар жоокерин Өзбекстандын чек арачылары өз аймагына алып кирип кеткен.

Кыргыз-өзбек чек арасындагы адам өлүмүнө алып келген буга чейинки окуя бир ай мурда Баткендин Кадамжай районунда болгон эле. 20-июнга караган түнү өзбек чек арачылары кадамжайлык Бакыт Тагаевди Кыргызстандын аймагына кирип келип, атып кетишкен. Бул окуя боюнча Кыргызстан Өзбекстанга нааразылык нотасын жиберип, азыр тергөө иштери жүрүүдө.

Былтыр 17-июлда да Жалал-Абаддын Ала-Бука районунун Булак-Башы айылындагы чек ара бекетинде кыргыз-өзбек чек арачылары ортосунда атышуу болгон эле. Анда Кыргызстандын бир чек арачысы набыт болуп, бир жергиликтүү тургун жараат алган. Муну менен катар Өзбекстан бир чек арачы набыт болуп, дагы бири жараат алганын айтып чыккан. Кыргызстандын Чек ара кызматы атышуу эки өлкөнүн ортосундагы талаштуу аймакта кыргыз жарандары менен өзбек чек арачыларынын араздашуусунан чыкканын билдирген.

Кыргыз-өзбек чек ара тилкесинин узундугу бир жарым миң чакырымдай. Анын 300дөй чакырымы алиге такталып бүтө элек.


Тасмада: Өзбек чек арачылары атып кеткен Бакыт Тагаевдин жакындарынын Бишкектеги өзбек элчилигинин алдындагы нааразылык акциясы, 17-июль, 2013.

"Баламды аткандарды жазалап бергиле"
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:46 0:00

Чек ара: көрүнбөгөн көмүскө соода

Кыргыз-тажик чегиндеги жол, Баткен, 18-август, 2012.

Баткендин кошуна өлкөлөр менен чектеш аймактарында көмүскө жолдор менен соода-сатык кылуу да пайда табуунун бир булагына айланган.

Өткөн жуманын соңунда Баткендин Тажикстан менен чектеш аймагынан 300 миң сомдук электр чубалгыларын аткезчилик жол менен алып бараткан жарандар кармалды.

Аймакта курулуш материалдарынан баштап тамак-аш, өсүмдүк майы, минералдык жер семирткич, күйүүчү май аткезчилиги менен алектенгендер аз эмес. Бирок булардын чек арадан алып өткөн жүгү өтө көп болбойт, турмуш-тиричилик үчүн эптеп жолун таап акча чыгаргандар. Ал эми тонналап күйүүчү май, 60-70 тонналык оор жүк тарткандардын өйдө жакта калкалоочулары бар экени же жүктүн ээси өзү ошол жакта отураары эл арасында айтылып келет.

Кошуна жашаган элдер илгертеден эле бири-бири менен соода-сатык жүргүзүп, карым-катышта болуп келгени белгилүү. Өлкөлөр эгемендик алып, чек аралар тосулгандан тарта ортодо соода-сатык жүргүзүү да кыйындады. Чек ара эрежелерине ылайык, эки тарап бири-бирине товар өткөрүүдө аны документтештириш керек, текшертиш керек же кошумча акча төлөш керек...

Мындай түйшүктөн качкандар жүктөрүн көмүскө жолдор аркылуу алып өткөнгө кызыкдар. Ушинтип отуруп мурда кинолордон көрүп, же башка жактардан угуп жүргөн контрабанда - аткезчилик деген нерсе эми өздөрүнүн турмушуна кантип аралашып кеткенин карапайым эл өзү да сезбей калды. Бирок көбүнүкү майда-чүйдө, эптеп оокат кылыштын амалы дебедикпи жогоруда.

Бир топтон бери чек ара маселелерин иликтеп жүргөн баткендик эксперт Хайитали Айкынов илгертен калыптанып калган майда соодагерлердин алакасын заматта токтотуп коюуга болбойт деген пикирде:

- Көбүнчө эл арасында жогорку кызмат кишилери кызыкдар болгону үчүн ири аткезчилик токтобой жатат деп айтылып жүрөт. Алып сатуу же ошол чек арадан жүк алып өтүү учурлары мурдатан эле болуп келген. Мамлекет ошол чек арада жашаган элди жумуш менен камсыз кылып, жашоосун камсыздап бере албай жаткан учурда мындай көмүскө соода иштерин тык токтотууга болбойт. Канчалык чыр-чатак болгону менен ошол чек арадагы эл эки тараптуу алакада боло берет.

Чек арада тынымсыз жүрүп жаткан жашыруун сооданын көлөмү канча экенин эч ким айта албайт. Бирок мындай аракет тынымсыз экени анык. Анктени чек араларда жок эле дегенде айына бир жолу аткезчилик жүк күч кызматтары тарабынан кармалып турат.

Тажикстан менен чек арада майда товар ташыган аткезчилерди токтотууга чек арачылардын аракети жергиликтүүлөр менен ири тирешүүлөргө алып келген учурлары да бар. Себеби тыйын таап жаткан ишинин токтоп калуусун эч ким каалабайт.

Өзүн Сүйүн деп тааныштырган баткендик жигит өкмөт көп болбосо да азыркы ишиндей киреше тапчу жумушка шарт түзүп берсе, минтип түн жамына качып-бозуп иш кылбай, ошол жумушта иштемегин айтат:

- Башка жумуш жок да. Бул тобокел иш. Башка айла жок да. Ошондуктан товар өткөрүп турабыз.

Аймакта мыйзамсыз сооданын айынан чыр чыгып, ок атуу, бирин-бири барымтага алмай учурлар да болбой койбойт.

Жогорку Кеңештин депутаты, Баткен облусунун мурдагы губернатору Карамат Орозова ошондой чыр-чатактар болбошу үчүн чек арадагы соода иштери кандай болсо да мыйзамдуу жүрүшү керек деп эсептейт:

- Колунан кармап албагандан кийин сен аткезчилик кылып жатасын деп эч кимди айта албайбыз. Бирок чек арада жашоо экономикалык жактан ыӊгайлуу болуп эсептелет. Кошуна-кошуна менен мамиле кылат албетте. Бирок бардык нерсе мыйзамдуу болгону жакшы. Анктени мындай соода жаӊжалдуу болуп, пикир келишпестиктер чыгып калат. Мындайдын айынан эки эл тирешип калышы мүмкүн. Ошондуктан баары мыйзамдуу болушу керек деп эсептейм.

Чек аралаш аймакта майда соода-сатыгын мыйзамдуу кылып, киреше алуу үчүн бир топ алектенип, пайданын да азайышын каалабаган жергиликтүүлөр бийликке чек аралаш аймактагы соода үчүн шартка карап, өзүнчө тартип киргизүүнү да сунушташкан. Бирок ал сунушту бийликтегилер кандай кабыл алганы белгисиз.

Баткен облусу Өзбекстан менен Тажикстандын бир канча райондору менен чектешкендиктен бул үч өлкөнүн калкы эзелтен бири-бири менен карым-катышта болуп келген.

Тасмада: Чек арадагы көмүскө соода

Чек арадагы көмүскө соода
please wait

No media source currently available

0:00 0:00:49 0:00

Тажикстандык өзбек лидердин сөөгү Өзбекстандан табылганы чынбы?

Салим Шамсиддиновго былтыр белгисиз бирөөлөр чабуул коюшканы белгилүү. 7-май, 2012

18-июлда Тажикстан ИИМинин Хатлон облустук бөлүмүнүн башчысы Анвар Тагоймуродов өзбек диаспорасынын жоголгон лидеринин жасаты Өзбекстандан табылган болушу мүмкүн экенин кабарлады.

Тажикстан менен Өзбекстандын чектеш жериндеги дарыядан табылган өлүк Салим Шамсиддинов болушу мүмкүндүгү жөнүндө маалымат жарым ай мурда түшкөн.

"Биз Шамсиддиновдун үй-бүлө мүчөлөрүн чакырып, бир өлүк табылганын, аны азыр Шамсиддинов мырза болушу мүмкүн деп жатышканын айттык, - деди Тагоймуродов. - Ал жасат кандай кийимде болгонун, тиши, чачы жөнүндө деталдуу маалыматты бердик. Өзбекстан тарап бизге берген кабарга караганда, алар өлүктү быйыл апрелде табышкан".

Бирок эмне үчүн кабар өлүк табылар замат эле Тажикстанга берилбегенине Тагоймуродов таң калганын жашырган жок. Жасаттын белгилери ал Салим Шамсиддинов болушу мүмкүн экендиги тууралуу ойго салаарын айтылууда. Аны аныкташ үчүн Шамсиддиновдун туугандары Өзбекстанга жөнөп жатышат.

Азырынча Хатлонго жиберилген сүрөттөн Шамсиддиновдун жакын туугандары аны тааный алышкан эмес. “Бул менин агам экенине ишенбейм, - деди “Азаттыктын” тажик редакциясына жоголгон кишинин бир тууган карындашы Хайринисо Ярова. - Жеңем да ушинтип жатат. Башка эле киши окшойт”.

58 жаштагы Салим Шамсиддиновдун үй-бүлөсү аны акыркы жолу 15-мартта таңкы 6:30да сыртка чуркаганы чыкканда көргөн бойдон табышкан эмес, ал жоголуп кеткен. Азыр эми анын өлүгү табылганы тууралуу кабар Өзбекстандан түшкөнүнө Хатлон милиция башчысы Тагоймуродов тынчсыздануусун айтат.

"Биз кантип бул жасат Өзбекстандан табылганына таң калып жатабыз. Азырынча бизге түшкөн маалыматка караганда, анын денесинен кыйноонун же ур-тепкинин эч бир белгиси табылган эмес. Аны дарыядан табышканын айтышты", - деди Тагоймуродов.

Тажикстандын Хатлон облусундагы өзбек диаспорасын башкарган Салим Шамсиддиновдун жоголушунда Amnesty International укук коргоо уюму “саясий себептер болушу мүмкүн” деп, ал уурдалган болушу ажеп эместигин айткан болчу.

Былтыр майда аны Улуттук коопсуздук боюнча мамлекетик комитеттин Хатлондогу бөлүмүнүн жанында сабап кетишкени кабарланган. Жергиликтүү булактар бул кол салууну Шамсиддиновдун буга чейин маалымат каражаттарына Тажикстандагы улутчул саясатты сындап маек курганы менен байланыштырышкан.

Бажы биримдигинин күңгөй-тескейи же казак тажрыйбасы

Кыргыз-казак чек арасы, "Ак жол" бекети

Бажы биримдигинин эксперттери Кыргызстандын сүт ишканаларын текшерип жатышат.

Ишканалардын продукциясын Бажы биримдигинин рыногуна чыгаруу маселеси алардын жыйынтыгына жараша болот. Ал арада Бажы биримдигине кирүү Кыргызстан үчүн опурталдуу болору тууралуу ой-пикирлер маалымат каражаттарында, социалдык тармактарга кеңири тароодо. Маселен, Казакстандын эксперттери бул уюмга мүчө Казакстан зыян гана тартып жатканын айтышат.

Бажы биримдигинин эксперттери Кыргызстандын 13 ишканасын текшерип жатат. Бул текшерүүнүн максаты – “кыргыз ишканаларынын продукциясы Бажы биримдигинин рыногуна чыгарууга жарайбы?” деген суроого жооп алуу.

Текшерүү жараяны тууралуу Кыргызстандын башкы ветеринардык инспектору Жаныбек Султанов айтып берди:

- Орусиядан эки инспектор, Казакстандан эки инспектор 15-июлда келген. 16-июлдан 24-июлга чейин ишканаларды текшерип жатышат. Эки топко бөлүнүп, Талас, Чүй, Ысык-Көл облустарындагы сүт иштетүүчү жана бир балык ишканасын карап жатышат.

Кыргызстан 2006-жылдан бери Орусияга, Казакстанга сүт, эт азыктарын экспорттой албайт. Ушундай текшерүүлөрдөн кийин быйыл Кыргызстандын эки сүт иштетүүчү компаниясына экспорттоо укугу берилген. Бажы биримдигине кирүү үчүн да ушул талаптар аткарылышы керек.

Ал арада Бажы биримдигине кирүү Кыргызстан үчүн опурталдуу болору тууралуу пикирлер айтыла баштады. Айрыкча коңшу Казакстандын тажрыйбасынан мисалдар арбын.

Мухтар Тайжан
Мухтар Тайжан
Казакстандык эксперт, политолог Мухтар Тайжан “экономикалык интеграциянын мындай түрүндө мамлекеттер демографиялык жактан да, экономикалык жактан да бирдей салмакка ээ болуш керек” дейт. Тайжан Казакстан рыногу Орусияныкынын 7 гана пайызын түзгөндүктөн, казак тарап көп уттуруп койгонун белгилейт.

- Уюмга киреби же кирбейби Кыргызстан өзү чечиш керек. Бирок Казакстанга эч бир тарабынан пайдалуу болгон жок. Муну азыр ар бир казакстандык билет. Бажы төлөмдөрү жогорулаган үчүн баалар өстү, базарда жергиликтүү товарлар барган сайын азайууда, экономикадагы мамлекеттик башкарууну мамлекеттин үстүндөгү органга өткөрүп бердик, Казакстандын сырткы экономикалык мамилелерин Москвадагы орган чечүүдө.

Мухтар Тайжандын тыянагы боюнча, Бажы биримдигине кирүү чакан мамлекеттердин көз карандылыгына залакасын тийгизип, атүгүл жоготууга алып келиши мүмкүн. Бирок Кыргызстандын өзгөчөлүгү катары Орусия менен чектешпегенин белгиледи. Бул Казакстанга салыштырмалуу географиялык жактан аралашып сиңишип кетүү коркунучун азайтат.

Кыргызстандык талдоочулар да опурталдуу жактарына кошулат, бирок казак эксперттеринен айырмаланып, Бажы биримдигинин пайдасын да эсептеп келишет. Экономист Камалбек Карымшаков Бажы биримдигине кирүүнүн пайдалуу жактарын атады:

- 180 миллион адамы бар рынокко эч тоскоолдуксуз кирүү мүмкүн болот. Кыргызстандын базары да ошончо чоң болгон соң чет жерден инвесторлор келиши мүмкүн. Андан сырткары биздин кетип жаткан эмгек мигранттардын жумушка орношуусу жеңилдейт, бажыларды, чек араны көзөмөлдөө жакшырат жана башка артыкчылыктарды да күтүп жатабыз.

Ал эми Экономика министрлигинин соода саясаты башкармалыгынын башчысы Таалай Бекташев интеграциялашуу азыркы учурдун талабы экенин эске салууда.

- Бул жерде ар кандай ойлор бар, бирөөлөр үчүн пайдалуу болсо, кийинкисине зыян болуп калышы мүмкүн. Биз муну түшүндүрүп келатабыз. Азыр кантип, канча убакытта киребиз деген маселе чечилип жатат. Кеп жок киришибиз керек. Кыргызстан кайсы бир тарапка интеграцияланышы керек. Бизде деңизге жол жок. Кытайбы, Азиябы, Бажы биримдиги аркылуубу соода жолдорубузду куруу зарыл. Азыр киргенден кийин кандай кесепеттери болору тууралуу изилдөө жүрүп жатат. Ошого жараша кандай шарттарда кирерибизди уюмдун башка мүчөлөрүнө айтабыз.

Кыргызстан ушул жылы Бажы биримдигине кирүү тууралуу жол картасын даярдап бүтөт. 2014-жылдан тарта кирүүнүн ар кандай этаптары башталат. Алар мыйзамдарды, бажы системасын, ветеринардык, санитардык абалды жана башка тармактарды Бажы биримдигине ылайыкташтыруу болмокчу.

Дагы бир сайт чагымчыл деп табылды

Ош шаардык соту өзбек тилдүү “Харакат.нет” сайтына тыюу салды.

Анда улут аралык кастыкты козуткан, экстремисттик маанайда макалалар жарыяланган деген айып менен кылмыш иши козголду. Ишти учурда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет тергеп жатат.

Буга чейин ушундай эле айып менен “Фергана.ру” сайты жабылган.

“Харакат” сайты боюнча сотко Ош облустук прокуратурасы кайрылган. Облус прокурору Айбек Турганбаевдин “Азаттыкка” билдиришинче, андагы айрым маалымат-макалалардын чагымчыл багытта экени атайын экспертизанын негизинде тастыкталган:

- Айрыкча май-июнь айларында белгисиз авторлордун улут аралык жаңжалды козуткан макалалары жарык көргөн. Биз дароо арыз менен сотко кайрылганбыз. 16-июлда сот биздин арызды канааттандырды. Ал сайтка тыюу салуу, ага көзөмөл жүргүзүү Ички иштер министрлигине жана УКМКга жүктөлдү. Азыр соттун чечимин колго ала элекпиз. Алаарыбыз менен дароо аткарууга жөнөтөбүз. Бул факт боюнча кылмыш иш козголуп, аны УКМК тергеп жатат.

Абдурахим Пулатов
Абдурахим Пулатов
Бейрасмий маалыматка караганда, бул сайт Өзбекстандагы оппозициялык “Бирлик” партиясынын төрага орун басары Абдурахим Пулатовдуку. Ал учурда бозгунда жүрөт. Сайтта ушул тушта Кыргызстандын Башкы прокуратурасынын “Харакат.нетти” жабуу тууралуу маалыматы жарыяланып турат, бирок ага карата кандайдыр бир реакция жазылган жок. Бул сайтка расмий Ташкен да тыюу салган.

Арстан аттуу программисттин айтымында, кайсы бир сайтты тыюу чараларынан майнап чыгышы кыйын. "Сайтка кирүүнүн жолдору көп", – дейт адис:

- Профсерверлер бар да. Мисалы, ал сайтты Орусияда жаппаса, ал жактагы бир бекер профсервер болсо, ошол аркылуу кирип эле ачып алышат. Аны жабыш үчүн көп жерден жабыш керек.

Нурлан Баяман - транспорт жана байланыш министринин мурдагы орун басары. Анын айтымында, соттун чечимин Кыргызстандагы интернет провайдерлердин баары аткарууга милдеттүү:

- Соттун чечимин ар бир жаран, ар бир компания аткарганга милдеттүү. Сот чечим чыгаргандан кийин “Кыргызтелекомбу”, же башка компанияларбы, баары жабышы керек. Эгер техникалык жактан билимдүү адам болсо сайт жабылса, Кыргызстандын ичиндеги эмес, башка өлкөдөгү сервер аркылуу айланып отуруп чыкканга мүмкүнчүлүк табат. Бирок ал мүмкүнчүлүктү табуу үчүн техникалык билим керек. Ошондуктан соттун чечими менен операторлорго сайтка кирүүнү бүтөп койсо көп эле адамдар кире албай калат.

Кыргыз бийлиги 2011-жылы “Фергана.ру” сайтын жапкан. Ал сайт да улут аралык кастыкты козуткан макалаларды жарыялайт деп айыпталган. Ээлери мындай дооматка нааразы болуп сотко кайрылган. Ушул жылдын март айында Бишкектин райондор аралык соту “Фергана.рунун” жабылышын мыйзамсыз деп табуу тууралуу арызды кароону токтоткон болчу.

Ташкенде жамаатташкан иптарга тыюу салынды

Ташкендин Күкча мечити. Июль 2012

Ташкен шаардык бийлиги өкмөттүк мекеме-уюмдардын кызматкерлери иптарга барбасын деген көрсөтмө берди.

“Азаттык” радиосунун өзбек кызматынын өз булактарына таянып маалымдашынча, эгерде кимде-ким эл чогулган жерде иптарлык кылса, коопсуздук кызматынын “кара тизмесине” илинет деп эскертилген. Иптар Рамазан же орозо айында шам намазын окугандан кийин чогуу отуруп ооз ачып, тамак жемей каадасы.

Иптарга барылбасын деген көрсөтмө Ташкен шаарындагы өкмөттүк банктардын, салык инспекциясынын, милициянын, прокуратуранын жана башка бюджеттик мекемелердин кызматкерлерине берилген. Бул жөнүндө “Азаттык” радиосунун өзбек кызматы өз булактарына таянып маалымдады.

Атын атабоону өтүнгөн ташкендик дүйшөмбү күнү Финансы министрлигинде болгондо, ал жерде иштеген кызматкерлер иптарга барыша албасын, бул боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп жатканын айткан.

2,4 миллион калктуу калаадагы Элдик банктын кызматкерлерине да жетекчилик тарабынан жумуштан кийин иптар өткөрүлгөн кафе-ресторандарга барбагыла, түз үйүңөргө кеткиле деп эскертилген.

Алардын бири:

- Бизде эч ким эч жакка барбайт. Ар ким үй-үйүнө кетет. Иптар өткөрчү жерлерге барышпайт. Көрсөтмө берилген. Биздин өзүбүздүн көзөмөл жүргүзчү адамдарыбыз бар. Алар да бизге көрсөтмө берди. Бардык адамдарга айтылды. Бизде топтолуп алып, иптар өткөрбөйт.

Ташкендин көчөсүндөгү тилемчи. 24-июнь 2013
Ташкендин көчөсүндөгү тилемчи. 24-июнь 2013
Атын атабоону өтүнгөн булактын билдиришинче, мындай көргөзмө Борбордук банктан бардык коммерциялык банктардын жетекчилерине да берилген. Ошондой эле кимде ким иптарга барса, Мамлекеттик коопсуздук кызматынын “кара тизмесине” алынары эскертилген.

Орозо айында мусулман үй-бүлөлөрдүн тууган-уруктар же жакын кызматташтары менен чогулуп, иптар жеп, Кудайга таат кылуу, жакшыны тилек кылуу салты бар. Иптар учурунда адамдар бири-бири менен көрүшүп, пикир алмашары калетсиз.

Ташкен бийликтеринин жамаат чогулуп, иптарлык кылган жерге кызматчылардын барганын каалабаганы диниятчылар учурдан пайдаланып, өкмөткө каршы даават жүргүзөт деп кооптонушат дейт “Азаттыктын” өзбек кызматынын журналисти Мехрибон айым.

- Максат - адамдардын исламга ыкласын берип, Алла жолуна түшкөнүнө жол бербөө. Анын алдын алуу. Өзбекстанда, өзгөчө Ташкенде рамазан айында диний жөрөлгөлөр көп болот. Адамдар иптарга жыйналат. Бийлик адамдар топтолбосун деп аракет кылат. Той жана башка мааракелерге адам коёт, күзөтчү коёт. Исламий көз караштагы адамдар бир жайга топтолсо, даават жүргүзүшү мүмкүн деп аябай коркот. Коопсуздук сактоо керек дейт.

Мехрибон айымдын айтышынча, алар Ташкендеги бир нече кафе-ресторанга телефон чалып, иптар өткөрмөк болуп жатканын айтканда, эгер көпчүлүккө жар салбай, жайма-жай отуруп кетсеңер макул дешкен.

- Ташкенде соңку 3-4 жылда кафе-ресторандарда иптар өткөрүү чоң каадага айланды. Былтыр бийлик мындай жөрөлгөнү сындады. Быйыл шаар акими жыйналыш өткөрүп, кафе-ресторандарда иптар өткөрүлбөсүн деп көрсөтмө берди. Биз аларга телефон чалып, иптар өткөрмөк элек, уруксатпы деп сурадык. Алар бизге эгер иптар болуп жатканын сыртта эч кимге айтпай, шарданалабай, көрсөтпөй, кадимки кечедей уюштурсаңар мүмкүн деп жооп беришти.

“Азаттык” радиосунун өзбек кызматынын маалыматына караганда, облустарда да мекемелердин кызматкерлердин кафе-ресторандарга иптарга барбасын деп кеңеш берилген.

Казак чек арачылары малчыларды бошото элек

Кыргызстандык 8 жаран 11-июлдан бери Казакстанда кармалууда. Түп районунун Корумду айылынын тургундарына коңшу чек араны бузган деген айып коюлган. Бул тууралуу "Азаттыкка" камалган балдардын биринин апасы Динара Бегинбаева кабарлады.

Корумду айылынан жогору жайгашкан Көк-Көл жайлоосунда жайкысын элдин малы багылат. Бул жайлоо Казакстанга чектеш жайгашкандыктан, төрт түлүктүн ары өтүп кеткен учурлары көп катталат.

Бул жолу да жок издеген малчылар чек арадан өтүп барып, малын айдап келаткан жеринен чек арачылардын колуна түшкөнүн камалган балдардын апасы Динара Бегинбаева айтууда:

- Үч чабан, эки торпок баккан бала казактын чек арасынан өтүп кетип, кармалып калышты. Мал чек арадан өтүп кеткендиктен айдап чыгалы деп кирген экен. Эртеси мал алат элек деп айылдан келген үч бала да ал чабандарды издеп, чек арадан өтүп кетиптир. Алар да кармалып калышты. Ошентип казактар балдарыбызды кармап алып, чыгарбай жатат.

Камакта жаткан кыргызстандык сегиз жарандын эң кенжеси - 16 жаштагы Кутман Асанов. Анын атасы жылкычы Көчөрбай Узаков ноокастап калып, өзү айылга түшүп, жайлоого уулун жиберген экен. Уулу камалганын укканда жергиликтүү бийликтин жардамы менен ошол жерге барып, камактагы дагы бир жаран Үсөн Узаковдун 846 коюн чыгарышкан:

- Биз бардык. Казак чек арачылар келишиптир. Биз кыргыз чек арачы, айыл башчы болуп барганда алар өздөрү ары барып, сүйлөшүп, малыңарды санап алып кеткиле деп айтты. Анан биз Үсөн Узаков болуп малын санап кеткенбиз. Жылкысын ары айдап жибергенбиз деп айтышты. Жайлоого келгенде жылкылар жүргөн, бирок аларды санаган эмеспиз.

Көчөрбай Узаковдун айтымында, камактагы кыргызстандыктардын иши тергелип жатат жана сот чечимине жараша бир жаңсыл болот. Ошону менен катар Каракол шаарындагы 2028-аскер бөлүгүнүн саркери Кыялбек Төлөнбаев май айында Түп районундагы бардык жайлоолорго барып, малчыларга "362-токтом менен тааныштык" деп кол койдурушканын айтууда. Бирок Көчөрбай Узаков "кол койгон эмеспиз, бирок чек араны бузбагыла деген эскертмени айыл өкмөттөн укканбыз" дейт.

- Чек ара болгондо ал түз жер. Болгону бир казык орнотулган. Айыл өкмөтүндө жыйын болгондо чек арадан малыңарды өткөрбөгүлө, сак болгула деп айткан, аны өз кулагым менен уккам. Эми элдин малы болуп жатат, малды билген балдар камакта отурат.

Камалган кыргызстандык сегиз кишинин бирөөнүн колунда мылтыгы да болгону кабарланган. Бул - Мирлан Бикиров экен. Анын агасы Азимбек Бикиров быйыл карышкыр күч болгонуна байланыштуу мылтыгын жанына алып жүргөн деп түшүндүрдү.

- Быйыл негизи эле бөрү күч. Менин иним жалгыз караан болуп жүргөн мылтыгы менен кармалды. Эми болсо мылтыгы бар деп териштирүү иштерин да жүргүзөбүз деп жатышат.

Бул окуя боюнча мамлекеттик Чек ара кызматынын маалымат катчысы Гүлмира Бөрүбаева мындай деди:

- Биз тараптан тиешелүү иштер жүргүзүлдү. Эки чек аранын тараптары менен сүйлөшүлүп, кой-эчкини кайтарып берүү иштери жүрдү. Учурда ал жарандарды чыгаруу тууралуу сүйлөшүүлөр болууда. Камалгандардын бири бүгүн бошотулду. Ал эми калган 8 жарандын иши боюнча учурда Казакстан тараптан тергөө иштери жүрүп жатат. Аларды кандай жаза күтөөрү тууралуу маалымат бере албайбыз. Казак тарап тергөө иштерин бүткөндө гана маалымат бере алабыз, учурда болгону сүйлөшүүлөр жүрүп жатат.

Чек ара кызматынын маалымат катчысынын маалымдашынча, бүгүн бошотулган жаран Жоомарт Жүзбеков чек араны капыстан бузуп алган деп камалган. Бир тууганы чек ара кызматкерлеринин жана туугандардын аракети менен бошогонун Жүзбековдун агасы да белгиледи.

Мамлекеттик чек араны бузуу фактысы былтыр да катталган. Ушул эле Түп районунун эки тургуну Каркыра жайлоосунан жоголгон бодо малын издеп чек араны бузганы үчүн Казакстанда 6 ай камакта жатып чыккан.

Италия: Шалабаеванын депортацияланышы териштирилүүдө

Алма Шалабаева кызы Алуа менен

Бозгундагы казак олигарх Мухтар Аблязовдун үй-бүлөсүнө байланыштуу Италиядагы чырдын учугу уланууда. Италиялык журналист жана политолог Жованни Бенси “Азаттыктын” казак кызматына курган маегинде Мухтар Аблязовдун үй бүлөсүн депортациялоонун артында экс-премьер-министр Сильвио Берлускони турат деген оюн айтты.

Италия оппозициясы казак жарандарын күчкө салып өлкөдөн чыгаруу боюнча чечим кабыл алган министрлерди кызматтан алууну талап кылууда. Италиялык журналист жана политолог Жованни Бенси “Азаттыктын” казак кызматына курган маегинде Мухтар Аблязовдун үй-бүлөсүн депортациялоонун артында экс-премьер-министр Сильвио Берлускони турат деп айтты.

Июнь айынын этегинде италян полициясынын өзгөчө маанидеги тобу Римдин чекесиндеги вилладан таанымал казак олигархы, президент Назарбаевдин каарына калып, учурда бозгунда жүргөн банкир Мухтар Аблязовдун аялы Алма Шалабаева менен алты жашар кызын кармап камакка алган. Үч күндөн кийин алар Казакстанга депортациялаган. Учурда Алма Шалабаева Алматыда үй камакта отурат. Ал эми Италияда болсо казак жарандарын депортациялоого ким буйрук берген деген териштирүү башталды.

Мындан дээрлик бир ай мурун болгон окуя эми эмне үчүн азыр мынчалык бүйүр кызыткан талашка айланды?

“Азаттыктын” бул суроосуна Жованни Бенси мындайча жооп берет:

- Бул окуяга байланыштуу ызы-чуу казак ишкердин үй бүлөсүн кармап, өз мекенине жиберүүгө италян полициясынын атайын маанидеги отряды катышкандыгынан келип чыкты. Ондогон атайын даярдыктагы полиция кызматкерлери казак оппозиционеринин аялы менен баласын кудум коркунучтуу кылмышкерди колго түшүргөндөй кармаган. Жөнөкөй италяндыктардын түшүнүгүндө бул акылга сыйбаган жорук. Бул деген италян өкмөтү кимдир бирөөнүн кызыкчылыгын көздөп иш кылганын, тактап атканда президент Назарбаевдин көңүлүнө жага турган иш кылганын көрсөтөт. Кимдир бирөө казак бийликтерине ушундай кызмат көрсөтүп, өзүнө пайда тапкысы келди дегенди туюндурат. Италия Казакстандын өзүнөн нефть жана газ сатып алууну көздөйт. Андыктан Италия президент Назарбаев менен мамилесин бузгусу келбейт. Италиянын мурдагы премьери Сильвио Берлускони азыр эч кандай мамлекеттик кызматты ээлебесе дагы өзүнүн саясий салмагы менен өкмөткө таасирин сактап калды. Берлускони президенттер Путин жана Назарбаев менен жакын мамиледе, жакында эле Москвага барып келди. Анын Казакстандан нефть-газ сатып алуу боюнча жеке долбоорлору бардыгы белгилүү. Андыктан Алма Шалабаеваны кызы менен Италиядан күчтөп депортациялоонун сыры – Италиядагы кайсы бир адамдар азыр Назарбаевге кызмат көрсөтүп, кийин анын сыйын көрүүнү көксөп тургандыгында.

Саясий каршылаштар
Саясий каршылаштар

Казак жарандары өз өлкөсүнө берилгенден кийин италян бийликтери туура эмес чечим кабыл алынганын мойнуна алды. Жованни Бенси италян бийликтеринин депортацияны жокко чыгаруу боюнча буйругунун эч кандай укуктук таасири жоктугун айтат. Ал ортодо италян оппозициясы өлкө бийликтерине кайрылып, иликтөө жүргүзүүнү талап кылды:

- Ал документтерде эмне үчүн казак жарандарын кармоо ушундай катуу тартипте уюштурулганы, бул үчүн тиешелүү жетекчилер кызматтан кетеби деген суроолор коюлат. Өлкөнүн вице-премьери жана ички иштер министри Анжелино Альфано бул чектен чыккан операцияны токтотуп калбаганы үчүн юридикалык жоопкерчилик алып, кызматтан кетсин деген талап айтылат. Бирок менимче, эч нерсе деле өзгөрбөйт,- дейт маектешибиз италиялык журналист жана политолог Жованни Бенси.

Италяниянын прокуратурасы Аблязовдун үй-бүлөсүн кармоого ким буйрук берген, ким аткарган деген фактыларды териштирет. Өлкөнүн премьер-министри Энрико Летта баш болгон жетекчилер бул операция боюнча маалымдар болбогондугун айтып чыгышты. “Анда бул ишти экс-премьер Берлусконинин адамдары өкмөткө билдирбей туруп жасады. Анткени Берлусконинин Казакстан жана Орусия менен ишкердик байланыштары бар” деген жүйөөсүн айтат Жованни Бенси.

Эмне үчүн диссидент-бизнесмен үй-бүлөсүн Италияга алып барып жашырган?

- Италияда башпаанек табуу – коопсуз деп саналат. Буга чейин Италия Советтер Союзунун тушунда, андан кийин пост-советтик өлкөлөрдүн бирине дагы бир кишини өткөрүп берген учур болгон эмес. Меним оюмча, Аблязовдун үй-бүлөсүн өткөрүп берген фактыга карабастан, Италия, жалпы эле Батыш Европа саясий башпаанек издегендер үчүн коопсуз жер болуп кала берет.

Буга чейинки маалыматтарга караганда, Алма Шалабаева Евробиримдиктин аймагына Латвия аркылуу кирген. Кызы экөөндө Борбордук Африка Республикасынын жасалма паспорту болгон. Ал эми Кыргызстанда Мухтар Аблязовдун сүрөтү чапталган Нурдин Осмонов деген ысымга берилген жалган паспорт табылды. 50 жаштагы диссидент-банкир Мухтар Аблязовду казак бийликтери 5 млрд. доллар кымырып алган деп айыптап келет жана президент Назарбаевдин элдешкис душмандарынын бири деп саналат.

AI казак бийлигин кыйноолорду токтотууга чакырды

Жаңы-Өзөндөгү кандуу окуя тууралуу "Жас Алаш" басмасынан чыккан "Жанаозен. Ату. Азаптау. Айыптау" деген китептин мукабасы.

Эл аралык мунапыс уюму жаңы жарыяланган докладында Казакстандын жетекчилигин эки маселе боюнча күнөөлөдү.

Атап айтканда, абактагыларды кыйноолорду токтотулат жана 2011-жылы күздө өлкө батышындагы Жаңы-Өзөн шаарында болгон антиөкмөттүк толкундоону басуудагы тартип коргоо органдарынын курал колдонуусу кеңири иликтенет деген убадасын аткарбады деп сындайт.

Мангыстау облусунун Жаңы-Өзөн шаарында 2011-жылдын 16-декабрындагы болгон кандуу окуя президент Нурсултан Назарбаевдин бийлиги үчүн “жууса өчкүс” так катары кала берчүдөй. Калаанын борбордук аянтындагы мунайчылардын жети ай токтобогон нааразылык чыгууларын курал атып басуу кезинде расмий маалымат боюнча 15 адам набыт болгон. Андан бир жарым жылдан кийин казак бийликтери кандуу коогалаң кылдат иликтенип, күнөөлүүлөр жазасын алды деп жарыя кылган.

Жаңы-Өзөндөгү нааразылык акциясын басуу, 2011-жыл
Жаңы-Өзөндөгү нааразылык акциясын басуу, 2011-жыл
Бирок Эл аралык мунапыс уюмунун соңку докладында расмий Астана сөзүнүн өтөсүнө чыкпады, окуя аягына чейин жана кеңири тергелбеди деп күнөөлөнөт. Жаңы доклад “Эски адаттар: Казакстанда токтобогон кыйноолор жана башка катаал мамилелер” деп аталат.

Адам укугун коргоочу уюмдун Европа жана Борбор Азия программасынын директорунун орун басары Давид Диаз – Жогес “Азаттыкка” маегинде аталган иликтөөдө келтирилген мындай бир мисалга токтолду:

- Башкы прокуратура бизге берген маалымат боюнча, зобун-зордуктар менен коштолгон тополоңду уюштурган деп күнөөлөнүп, 16 чакты адам жана ага катышкан деп 130дан көп адам кармалган. Бирок ошол күнкү Жаңы-Өзөндүн борбордук полицияканасындагы расмий тизмеде булоонго байланыштуу кармалган 700 адамдын аты-жөнү жазылган. Бизде азыр аны далилдегендей мүмкүнчүлүгүбүз жок. Биз ошон үчүн Жаңы-Өзөндөгү окуяларды толук иликтөөгө чакыруудабыз.

Давид Диаз – Жогестин айтышынча, Жаңы-Өзөндөгү коогалаңга байланыштуу кармалган адамдардан сурак учурунда жана убактылуу кармоочу абак жайда көргөн кордуктары, сот учурундагы калыстардын сөзүн укпай койгон учурлар тууралуу бейөкмөт уюмдарга бүгүнкүгө чейин маалыматтар түшүүдө.

Жаңыөзөндүк активист Роза Тулетаева антиөкмөттүк тополоңдун катышуучусу ирети оболу жети жылга кесилип, кийин жаза мөөнөтү беш жылга кыскартылат. Ал сотто убактылуу абак жайда аны түрдүүчө, уят-сыйыты жок кыйнашканын, 14 жашар кызына кысым жасалганын айткан. Роза Тулетаева ушундай беймыйзамсыздыкка кабылдык деген 37 адамдын бири.

Казакстанда абакта отурган саясий туткундар. Арон Атабек (1), Владимир Козлов (2), Вадим Курамшин (3), Роза Тулетаева (4), Саят Ибраев (5). 31-май 2013
Казакстанда абакта отурган саясий туткундар. Арон Атабек (1), Владимир Козлов (2), Вадим Курамшин (3), Роза Тулетаева (4), Саят Ибраев (5). 31-май 2013
Диссидент калемгер Арон Атабек азыр 60 жашта. 2006-жылы Алматынын четиндеги Шанырак кыштагында болгон башаламандыктан кийин 18 жылга кесилген. 2010-12-жылдары эл аралык мыйзамдарга каршы эки жыл жалгыз орундук камерада кармалган.

Эл аралык мунапыс уюму жаңы изилдөөсүндө бул жана башка фактыларга Казак жетекчилигинин көңүлүн бурат.

- Биз докладда бизди тынчсыздандырган жаңы маалыматтарды көрсөттүк, -дейт Давид Диаз – Жогес. - Алар кыйноолор жана башка катаал мамилелер жөнүндө эмес, камактагылардын негизги укугу тууралуу. Бизди көп нерселер тынчсыздандырат, анын ичинде абактагы мөөнөтүнүн үчтөн бирин шарты катаал жана ден соолугу үчүн абдан зыяндуу жалгыз адамдык абак жайда өткөргөн Арон Атабек менен болгон мыйзамсыздыкка көңүл бургубуз келет. Бизди абактагылардын укуктарын чектөө да кооптондурат. Алар эл аралык стандарт боюнча кармалууга тийиш. Алардын кээ бирлери үй-бүлөсү менен чектелген шартта гана жолуга алат. Мисалы, буту шал жана майыптардын арабасы менен жүргөн Жасулан Сулайманов түрмөдөгү убагынын көбүн татыктуу медициналык кароосу жок өткөргөн.

Ушундан келип, Эл аралык мунапыс уюму Казакстандын жетекчилигин Жаңы-Өзөн окуясы боюнча бейтарап эл аралык иликтөө өткөрүүгө, тартип сактоо органдарындагы адам укугун бузууларды иликтөө үчүн бейөкмөттүк мекеме түзгөнгө үндөйт.

Жаңы-Өзөн окуясына байланыштуу “Азаттык” радиосуна угармандан келген мына бул кат жалпы маанайга бир сүртүм боёк кошот: “Жаңы-Өзөн бул казактардын жүрөгүндөгү дарт. Өлкөдө суициддер өтө көп болууда. Себеби казактар адилеттүүлүктү талап кылса, бийлик аларга Жаңы-Өзөндөгүдөй мамиле кылат. Ашыкча чарчап-чаалыккан адамдар минтип жашаганды каалашпайт. Балким, күчтүү адамдар өз саатын күтөөр. Бирок элдин баары эле чыдай албайт”.

Кыргыз мигрантын өлтүргөн орус футболисти кармалды

Киши колдуу болгон Атай Малибаев, миңдеген журтташтарындай эле Москвада курулушта иштечү

Москвада 23-майда кыргыз жаранын өлтүргөн футболист кармалды. Кечээ Орусиянын Тергөө комитети Михаил Рекуданов милицияга өзү келгенин кабарлады.

Шейшембиде Орусиянын Тергөө комитети издөөдө жүргөн 28 жаштагы футболист Михаил Рекуданов милицияга өзү келип, күнөөсүн мойнуна алганын кабарлады. Буга чейин ага каршы “адам өлтүрүү” беренеси боюнча сыртынан айып тагылган болчу. Азыр иликтөө иштери жүрүп жатканы кошумчаланат.

Кыргызстандын Москвадагы элчилигинин юристи Мырзабек Карагулов окуя кандай болгонун “Азаттыкка” айтып берди:

"Таңкы бештеги такси талаш"

"Таң эртелеп үч кыргыз жигит машинеде отурса, мас абалындагы бир орус келип: "Мени жеткиргиле", - дейт. Сөздөн-сөз чыгып, айтыша кетишет. Каза болгон кыргыз жигит, берки сөгүнө бергендиктен, бир-эки чаап жиберет. Ошол маалда дагы үч орус келе калышат. Булар үчөө, тигилер төртөө болуп мушташ чыгат. Эки кыргыз качып баратканда, берки жигит жалгыз калат. Ошондо аны футболист бычак менен артынан далысына үч-төрт жолу сайгылап жиберип, андан ары качып кетет. Анын ким экенин кийин артта турган машинедеги видеорегистратор аркылуу аныкташты, анда бычактаган кишинин бети толугу менен тартылып калган экен", - деди кыргыз элчилигинин юристи Мырзабек Карагулов.

Каза болгон жигиттин аты – Атай Малибаев. Ал Аксы районунун Кызыл-Жар айылынан болот, 23 жашта эле. Москвада он миңдеген кыргыз мигранттарындай эле курулушта иштеген. "Окуядан кийин анын айылдаштары, классташтары, бирге иштешкендери акча чогултуп, сөөгүн мекенине жиберишти", - дейт "Азаттыкка" өзүн Иман деп тааныштырган анын Москвадагы айылдашы.

Атайдын өлүмүнө шектелип кармалган Михаил Рекуданов Москва облусундагы Люберцы шаардык сотунун чечими менен камакка алынды. Ал Москвадагы белгилүү “Торпеда” футболдук клубунун мурдагы оюнчусу болгону, профессионалдык футбол менен 10 жылдан бери машыгып жүргөнү аныкталды.

Улутчулдук беле?

Футболчу кыргыз жаранын бычактап өлтүргөнүн Орусиянын тергөөчүлөрү “улуттук жек көрүүнүн” белгиси катары карашпайт. Муну такси талаштан чыккан кадимки эле чыр деп сыпатташууда. Бирок Рекуданов өзү мурдатан бери эле улутчул көз карашын жашырбаганы айрым маалымат булактарында айтылган.

Маселен, анын далысында немисче «Jedem das Seine» деген тату тартылган, мунун мааниси "Ар бир адам бешенесине жазылганын көрөт" дегенди билдирет. Немис нацисттери Бухенвальд концлагеринин кире беришине ушинтип жазышкан.

Орусияда улутчулдардын, скинхеддердин чабуулдарын каттап, улутчулдукту изилдеп жүргөн “Сова” аналитикалык борбору быйыл жыл башынан бери башка улуттарга чабуул болгон 91 учурду каттай алганын билдирди. “Азаттыктын” суроолоруна жооп берип жатып, уюмдун эксперти Вера Альперович ошол окуяларда тогуз адам көз жумганын кошумчалады.

"Өлгөндөрдүн ичинде 5 киши Борбор Азия өлкөлөрүнөн келгендер. Ошол борбор азиялык беш кишинин ичинде үч кыргыз, бир тажик жана бир өзбек улутундагылар болду. Көз жумган үч кыргыздын баары Москвада өлтүрүлгөндөр", - деди эксперт Альперович.

Кыргызстандын Москвадагы элчилигинин юристи Мырзабек Карагулов Орусияда кыргыз мигранттары түрдүү жагдайларда өлтүрүлгөн учурлар дээрлик ар ай сайын бир-экиден катталып тураарын, бирок ичинде улутчулдардын колунан өлгөнүн далилдеш өтө оор экенин айтты.

"Орус укук коргоо органдары адам өлтүрүү фактыларын караганда мүмкүн болушунча "улуттук негизде" деген аныктамадан качышат, адатта "бейбаштык", "тиричиликтеги чыр-чатак" деген гана таризде жазып коюшат", - дейт Карагулов.

Кармалган футболист Михаил Рекуданов кыргызстандык Атай Малибаевди бычактагандан кийин качып кеткен. Атай ошол жерде жан берген. Тергөөчүлөр эми Рекуданов заматта милицияга же “Тез жардам” кызматына чалбаганы да анын абалын оорлоткон жагдай болот дешет.

Ооганстанда бир да АКШ жоокери калбашы мүмкүн

AКШ Ооганстанда бир да америкалык аскер калтырбашы мүмкүн экендигин кыйытты. Ооган өкмөтү бул жарыяны кысымга алуу аракети катары баалады.

Келерки жылы Кошмо Штаттары Ооганстандагы куралдуу күчтөрүн чыгара баштамакчы. Буга чейин 2014-жылдан кийин америкалык аскерлердин бир бөлүгү, машыктыруучулар калышы мүмкүндүгү айтылып келген, бирок азыр Вашингтон бир да аскер калтырбашы мүмкүн экендигин кулак кагыш кылды.

Ак үйдүн маалымат катчысы Жей Карней 9-июлда президент Барак Обама Ооганстанда бир да аскер калтырбоону караштырып жаткандыгын билдирди:

Мындай мүмкүнчүлүк дайым бар, аскерлердин санына эмес, көздөгөн максатка, аны кантип мыкты ишке ашырууга жараша иш алып барууда, мунсуз болбойт.

Ошол эле убакта Карней «АКШнын Ооганстанда 2014-жылы аскер калтырып же калтырбашы ооган өкмөтү менен биргеликте чечиле турган маселе» деп ырастады.

Мунун алдында маалымат каражаттарында «АКШ Ооганстандан келерки жылы бардык аскерлерин чыгарып кетет экен» деген кабар болгон эле. Мындай маалыматтын жайылышы президент Барак Обаманын администрациясы менен ооган президенти Хамид Карзайдын өкмөтү бири-бирин анча кыртышы сүйбөй турган чакка туура келүүдө.

Бирок Карзайдын маалымат катчысы Аймал Файзи "Азаттыктын" ооган кызматына америкалык аскерлердин бирин да калтырбай чыгаруу тууралуу сөз болбогонун билдирди:

– Кабул менен Вашингтондун ортосундагы биргелешкен жыйындарда америкалык аскерлерди Ооганстандан толугу менен чыгарып кетүү тууралуу бир да жолу сөз болгон эмес. "Нью-Йорк Таймс" гезитинде жарык көргөн мындай маалымат Ооганстанга жана өлкөдөгү коомдук пикирге кысым көрсөтүү максатын көздөйт. Биз буга чейин эле АКШга өз шарттарыбызды айтып, эки ортодогу коопсуздук келишими ооган эли тарабынан, башкача айтканда, Улуттук Жырга жыйыны аркылуу жетишилет деп сүйлөшкөнбүз.

Вашингтондо Мамдепартаменттин өкүлү билдирүү жасаган шейшембиде ооган талибдери Дохадагы кеңсесин убактылуу жаап салгандыгы тууралуу кабар түштү.

Талибдердин өкүлдөрү муну менен бул кеңсенин сыртындагы талиб желеги жана уюмдун «Ооганстандын Исламдык эмираты» деген расмий аталышы алынып салынгандыгына нааразылык билдирип жатышканын бышыктады.

"Желеги илинсе, анан талибдер бийликте тургандагы Ооганстандын эмират деген аталышын жазып алышса, талибдердин сүргүндөгү өкмөтү түзүлүп атабы?" деп күдүк болгон Карзайдын өкмөтү бул символдорду алып салууну талап кылган эле.

Жей Карней бул маселеге түз кайрылбастан, талибдер да ийкемдүүрөөк болушу керектигин кыйытты:

– Биз Доха кеңсеси тууралуу уктук, президент Карзай менен президент Обама айткандай, Ооганстан бирдиктүү, туруктуу өлкө болушу үчүн, оогандар өз арасында сүйлөшсүн. Мындай сүйлөшүүгө талибдер канчалык даяр? Муну талибдер өздөрү билет.

Чек ара: сүйлөшүүдөн майнап чыгабы?

Кыргыз-тажик чек арасындагы жол. Баткен, 28-апрель, 2013.

Тажикстандын Кожент шаарында кыргыз-тажик чек арасын тактоо боюнча өкмөттүк комиссиялардын жыйыны өтүүдө.

Бүгүн башталган бул жыйын эки күнгө созулат. Кожентке кыргыз делегациясын коопсуздук жана коргоо маселелери боюнча вице-премьер-министр Токон Мамытов баштап барды.

Кыргыз өкмөтүнүн Чек ара аймактарын өнүктүрүү жана чек араны тактоо боюнча бөлүм башчысы Курбанбай Искандаров жолугушуунун алдында “Азаттыктагы” маегинде тактала элек чек ара тилкелеринен сырткары, Баткенде Тажикстандын Ворух анклавын айлынып өтчү жолду куруу маселелери, 30 жылдай убактан бери Баткенде тажик тарап казып жаткан Катта-Сай мунай кени боюнча сүйлөшүү өтөөрүн билдирген:

- Негизинен Ак-Сай – Тамдык, Кулунду – Максат жолдорун карайбыз. Тажикстандын вице-премьер-министрин ошол жерге алып барып көрсөткөнгө аракет кылабыз. Бул маселе көптөн бери токтоп турат. Өткөндө эле тажик тарап чек ара боюнча архивдик материалдарды карап, изилдеп келүүгө Орусияга алып кеткен. Эми бул жолугушууда ошол материалдарды алып чыгышабы же жокпу билбейм. Негизи биз дагы барышыбыз керек болчу, бирок биз кечирээк жооп алып калып, жолугушууга чейин бара албай калдык. Буюрса ал жакка эми жөнөйбүз.

Баткен облусунун мурунку губернатору Мамат Айбалев сүйлөшүүнүн майнаптуу болоор-болбосу барган делегациянын курамынан көз каранды болоорун айтат. Андан сырткары сөзсүз эл менен эсептешүү зарыл деген пикирде:

- Делегациянын алына карайт. Ошол жердин, элдин менталитетин билген, тажиктердин менталитетин билген, сыпайы, интеллектуалдык деңгээли чоң азаматтар барса жыйынтык болот. Андан сырткары эл менен акылдашып иш кылышы керек. Делегация сүйлөшүүгө барардын алдында эл менен сүйлөшүп алышы керек. Бийлик билбеген жагдайлар бар.

Айбалаев тараптар жолугушуп, сүйлөшкөнүнө карабай кошуна мамлекеттин чек арачылары ок чыгарган учурлар көбөйгөнүн белгилеп өттү:

- Мына Кадамжайда өзбек чек арачысы кыргыз жаранын кыргыз жеринде атып салбадыбы. Сүйлөшкөндөн кийин ошондой иш болуп жатса, кантип сүйлөштү деген суроо пайда болот. Ошол ок чыгарган чек арачы Кыргызстанга берилиши керек. Талап коюшу керек. Ал Кыргызстанда соттолушу керек. Ошондо гана ушундай көрүнүштөр токтойт. Ошо аткан өзбек чек арачы "мен атсам, мени кыргыздарга берсе мен соттолуп кетем", - деп чочуп калат. Мына биз ошого жетишибиз керек. Аткан өзбек, же тажик чек арачы сөзсүз Кыргызстанда соттолушу керек.

Хаит Айкынов Баткен районунун мурунку акими. Анын баамында, өкмөттүк комиссиялардын жолугушуусунан көп нерсе күтүүнүн кажети жок. Эми мамлекет башчылардын деңгээлинде сүйлөшүүлөр өтүп, анда айрым чек ара тилкелери боюнча саясий чечим кабыл алынышы зарыл:

- Менин билишимче, өткөн жылы 7-8 жолу жолуккан. Бирок эч кандай маселе чечилген эмес. Бир да метр чек ара тилкеси такталган эмес. Комиссиялар жолугуп эле тарап жатат. Кыргызстан менен Тажикстандын өкмөттүк комиссиялары өздөрүнүн ресурстарынын баарын пайдаланып бүттү го деп ойлойм. Бул жерде саясий чечимдерди кабыл алса болот. Антпесе кыргыз тарап маселеге жакындап барганда эле эмкиде карайлы деп басып кетет экен. Карап көрсөк айрым жерлерди алмаштырууга мүмкүнчүлүк бар экен. Ошого биз тарап да, алар тарап да макул болгон жерлер бар экен. Муну жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, комиссия терең изилдеп көрүп, ушул иштерди башташы керек деп ойлойм.

Чек араны тактоо боюнча кыргыз-тажик сүйлөшүүсү 2002-жылы башталган. Эки мамлекет 970 чакырым аралыкта чектешет. Ушул тушта анын 520 чакырымга жакыны аныкталган. Бирок тактала элек эң татаал чек ара тилкелери калган.

Быйыл жыл башынан бери эки өлкөнүн жанаша турган айылдарынын тургундары катышкан бир канча жаңжал чыкты. Алардын баары такталбаган чек ара тилкелеринин айынан болду.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG