Линктер

дүйшөмбү, 22-июль, 2019 Бишкек убактысы 00:11

Борбор Азия

"Азаттыктын" видео кабарлары, 29-июль

"Азаттыктын" видео кабарлары, 29-июль
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:18 0:00

Ауэзов: Астана мурасканасында кыргыз экспонаттары да болот

Астанадагы Улуттук музей

Астанада ушул айда улуттук музей ачылды. Ичинде алтын куш айланып учуп жүргөн бул кереметтүү жайдын келечеги тууралуу Мухтар Ауэзов корунун жетекчиси Мурат Аэзов айтып берет. Буга чейин Кыргызстанда өтүп келген "Жибек жол сухбаттары" быйыл августта Казакстанда өтө турган болду.

Буга чейин Кыргызстанда өтүп келген "Жибек жол сухбаттары" быйыл августта Казакстанда өтө турган болду.

Мурат Ауэзов: Астанада үлкөн, келечеги кенен муражай (музей) ачылып отурат. Бул биздин улуттук муражайыбыз болот. Мен ачылышына барып көрдүм, имараты абдан мыкты салынган. Дагы бүтүрө турган жумуштар көп. Бирок казык кагылды, эми ошону тегеренген көп дүйнө (экспонаттар) жыйналат. Казакстанда акыркы 15-20 жылдын аралыгында маданий, тарыхый мурастар боюнча (сактоо, элге жеткирүү жаатында көп) иштерди бүтүрдүк. Ошолордун көптөгөн натыйжалары бар. Биринчиден, биз көз карандысыз калк болгондугубузда, эгемендигибизди сактоо үчүн өзүбүздүн тарыхыбызды жакшы билип алышыбыз керек. Биз, боордош туугандарыбыз кыргыз, өзбек ж.б. калктар өз тарыхыбызды билбей калганбыз. Буюрса, ошол максаттар ишке ашат. Экинчиден, бул музейде казактын тарыхы эмес, бизге жакын, тагдырлаш, боордош калктар болгон кыргыз элинин тарыхый байлыктары, руханий байлыктары да өз ордун табат дегенге ишенем.

Ауэзов: Астанадагы мурасканада кыргыз экспонаттары да болот
please wait

No media source currently available

0:00 0:10:35 0:00
Түз линк

Жаңыл Жусупжан: Алматыда да тарых музейи бар эмеспи, Астанадагы музей ага атаандаш болуп калдыбы?

Мурат Ауэзов: Жок, атаандаштык болбойт. Астананын аты Астана. Эл аралык мыйзам боюнча мурас, экспонат кайда табылса, ошол жерде калышы керек, аны тартып алууга болбойт. Казакстандын негизги байлыктары арасында ошол эле Мухтар Ауэзовдун музейи бар. Астанадагы музейдин адамдары келип суранышканынан, бир аз экспонаттарды бердик. Костеевдин музейи, мамлекеттик музей бар, алар өз экспонаттарынан бир аздан берип жатат. Бирок астаналыктар аны көбүрөөк алгысы келет. "Көч жүрө-жүрө түзөлөт" дегендей, негизи көп эмгек жасоо керек. Мисалы, Жапония, анын Осака шаары музейлер үчүн кереметтүү үлгү боло алат. Музейдин адамдары жөн гана кызматкер эмес, аалымдар да болуп саналат. Жаз келгенде жер-жерлерде керектүү материалдарды жыйнашат. Астанадагы музей ошондой бир маданияттын, илимдин очогу болот деген үмүттөмүн. Жеке өзүм кубанып жатам. Түрк тилдүү калктар өзүбүздүн тагдыр, тарых, тамырыбызды жакшы билишибиз керек. Бири бирибизден бөлүнүп кетсек, төбөлсүздүк, эркиндик дегендин баары жок болуп кетет. Жыл сайын казак, кыргыз, өзбек, тажик, түркмөн жазуучу-ойчулдары биригип “Жибек жолундагы сухбаттар” деген жолугушууларды жүйөлүү түрдө өткөрүп келебиз. Бул жылы да жолугушабыз деген оюбуз бар.

Астана мурасканасындагы Нурсултан Назарбаевдин сүрөтү түшүрүлгөн экспонат
Астана мурасканасындагы Нурсултан Назарбаевдин сүрөтү түшүрүлгөн экспонат

Жаңыл Жусупжан: Кыргызстанга байланыштуу кандай экспонаттар коюлду?

Мурат Ауэзов: Музей бир аптага ачылып, кайра жабылган. Мисалы, Жамбыл туралуу сөз болгондо, милдеттүү түрдө кыргыз боордошторубуз болушу керек. Анткени айтыштарды чогуу өткөрүп келатабыз. Кыргыз элинин "Манас" эпосу сөзсүз түрдө болушу шарт. Анткени аны биздин орток тарыхыбыздан бөлүп алууга болбойт. 19-кылымда тактап айтканда, 1916-жылы көтөрүлүш (кыргызда Үркүн деген аталыш менен белгилүү) болгон, казактар Каркырада көтөрүлгөн. Бул бүткүл Орто Азия элинин абдан чоң көтөрүлүшү болгон. Ошондуктан, бул биздин боордош элдердин туташ тарыхын көрсөтүүчү музей болуп калышы керек.

Жаңыл Жусупжан: Алматынын жанында, Ысык деген жерде табылган айтылуу “Алтын кишини” катып коюшту, анын көчүрмөсүн гана көрсөтүп жатат деп айтылган эле, азыр Астанада ачылган жаңы музейге анын айрым экспонаттарын коюшуптур. Эми аны биротоло ошол жакка коюшабы? Аны көпчүлүк көрө ала тургандай койсо болобу?

Мурат Ауэзов: Биздин “Алтын адам” археологиялык музейде болгон. Астанага көчүрүлөт деген сөз бар. Бул маселе боюнча кеңешип, акылдашыш керек болсо, тартышууга чейин барабыз. Бир музейдин топтогон дүйнөсүн экинчи музей тартып алууга укугу жок. Бул уят болот. Бирок аны анда-санда алып барып, же көчүрмөсүн көргөзмөгө койсо болот. Кудайга шүгүр, биз турабыз, "Алтын кишини" Астанага берүү сыяктуу оюбуз да жок.

Музайдин ичинен көрүнүш
Музайдин ичинен көрүнүш

Жаңыл Жусупжан: Сиз бир топ жылдардан бери атаңыз Мухтар Ауэзов атындагы фонддун жетекчиси болуп жүрөсүз, ал жакта кандай иштер болуп жатат?

Мурат Ауэзов: Соңку төрт жыл катары менен Ысык-Көлдүн жээгинде “Жибек Жолунун сухбаттарын” өткөргөн элек. Быйыл болсо август айында кыргыздардан таанымал адамдарды чакырып, Казакстандын Бурабай деген жеринде (Казакстандын түндүк кыйырындагы эс алуу жайы, Боровое) өткөрөлү деп жатабыз. Биз азиз адамдарга жардам беребиз. Негизгиси, казак-кыргыз маданий байланыштарды жандандыруу боюнча иш-аракеттерди жасашыбыз керек. Кыргыздар да бул маселеге өзгөчө маани берип жатышат. Театр, кино тармагында болсун, Төлөмүш Океев, Болот Шамшиевдер кандай фильмдерди тарткан. Султан Раевдин "Жанжаза" сыяктуу өтө күчтүү жазылган чыгармалары бар. Биз бул чыгармаларды казак тилине котордук, элге жетсин дедик. Маселе ниетте да. Ниетибиз дурус. Кудай буюрса, ишибиз натыйжалуу болот деген ойдомун.

Маданий агартуучу, кытай таануучу, коомдук ишмер, жазуучу Мурат Ауэзов
Маданий агартуучу, кытай таануучу, коомдук ишмер, жазуучу Мурат Ауэзов

Жаңыл Жусупжан: Тилектер орундалсын. "Жибек жолундагы сухбаттар" августтун кайсы күндөрү өткөрүлөт жана ага кимдер катышып жатат?

Мурат Ауэзов: Султан Раевди чакырып жатабыз. Анын ажайып чыгармаларын мен кыргыз тилинде окугам. Мындан сырткары Бишкектен да башка катышуучулар келет. 26-августта Бурабайда жыйналабыз. Коноктор биринчи Астанага келет. Анан 27-28де Орто Азиядан түркмөн, тажик, өзбек, боордош кыргыздар чогулабыз. Геосаясий жагдайды эске ала турган болсок, көптөгөн өзгөрүүлөр болуп жатат. Мисалы, Евразияда бири бирибизден алыстатуучу күчтөр бар. Ошондуктан боордоштугубузду, тагдырлаш экендигизби унутпаш үчүн, жолугушуу өткөрүшүбүз керек. Ушундай максатта жыйналабыз.

Жаңыл Жусупжан: Алтындай жакшы сөздөрдү айтыңыз, жакшы багытта иш алып бара жатыпсыздар. Сизге ден соолук, ишиңизге ийгилик каалайбыз, арыбыңыз.

Мурат Ауэзов: Рахмет, чоң рахмат!

"Азаттыктын" видео кабарлары, 28-июль

"Азаттыктын" видео кабарлары, 28-июль
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:01 0:00

Алматыда Олимп оюндары өтүшү мүмкүн

Казакстан 2011-жылы 7-кышкы Азия оюндарын Астана жана Алматы шаарларында жогорку деңгээлде өткөрүү менен дүйнөлүк адистердин жана көңүлүн бурган.

2022-жылкы кышкы Олимп оюндары Казакстандын Алматы шаарында өтүп калышы ыктымал.

Өткөн айда Эл аралык олимпиада комитетинин президенти Томас Бах Норвегиядан көңүлү чөгүңкү маанай менен кайтты. Себеби ал 2022-жылкы кышкы Олимп оюндарды өткөрүүгө талапкердин бири - Осло шаарынын жарышка катышуу же чыгуу ниетин тактоого барган. Тилекке каршы экономикалык кыйынчылыктардан улам Осло шаар бийлиги олимпиада жүгүн көтөрүүгө шарты жоктугун ачык айтып, жарыштан чыгууга ниет кылып турушканын билдирди.

- Чынында эле Европа континентиндеги өлкөлөр олимпиадалык оюндарды өткөрүүдөн тажагандай түрү бар. Жайкы олимпиадалык оюндарды айтпаганда эле Европада 14 жолу кышкы олимпада өткөнү буга мисал. Ушул Осло шаарында 1952-жылы 6-кышкы олимпиада өткөн. Мындан сырткары 1994-жылы Норвегиянын Лиллехамер шаарында да 17-кышкы олимпиада болгон. Европа неге кышкы оюндарды каалабай калганын бир себеби - Франияда үч жолу, Австрияда эки, Италияда эки, Германияда бир ирет кышкы олимпиадалык оюндардын шылтоосу менен тоо лыжа базаларын, спорт сарай, арена, борборлорун эбак куруп алышкан. Ошондуктан европалыктар олимпадалык оюндардан тажап, шаар тургундары бейпил жашоосун дүрбөлөңгө салууну каалабай турушат,- дейт спорт адиси Касымкул Оболбеков.

Алгач 2022-жылкы кышкы Олимп оюндарын өткөрүү ниетин АКШ, Канада, Финляндия, Франция, Румыния жана Босния өлкөлөрү билдирген. Бирок ушул кезге чейин бул өлкөлөрдүн бирөө да Эл аралык олимпиада комитетине расмий арыз жазып, өтүнүч менен кайрылган жок.

Андан да кызыгы Швейцария өлкөсүнүн эки шаары - Давос жана Санкт-Морице эстафетаны колго алууга ниет кылса, бул аймактын тургундары кышкы олимпиаданы өткөрүүгө карманча каршы туруп алышты. Себеби мурда Санкт-Морице шаарында 1928-жана 1948-жылы эки ирет кышкы олимпиада болуп өткөн. Германиянын Мюнхен шаарынын саясатчылары менен спорт жетекчилеринин демилгесин шаар тургундары колдобой, референдум өткөрүп, көпчүлүк кышкы оюндарды кабыл алууга каршы добуш берип койду.

2022-жылкы кышкы олимпиадалык оюндарды өткөрүүгө талапкерлердин өтүнүчү быйыл ноябрга чейин гана кабыл алынат. Ушул учурга чейин Осло, Стокгольм, Алматы, Бээжин, Краков жана Львов шаарларынан Эл аралык олимпиада комитетине арыз түшкөн. Осло шаарынын соңунда негизги талапкерлердин бири Швециянын Стокгольм шаарынын мэри Стен Нордин да экономикалык кыйынчылыктардан улам жарыштан четке чыгаарын билдирген.

Май айында Краков шаарынын тургундары да 2022-жылкы кышкы олимпиаданы өткөрүүгө каршы экенин билдиришти. Украинанын Львов шаары олимпиада эмес өз айласын табалбай, бул өлкө кризистин сазына батып турат. Ошентип Европа өлкөлөрү биринин артынан бири кышкы оюндардан жүз буруп жатканына Эл аралык олимпиада комитетинин жетекчилери кабатыр болушуп, тынчсызданып турушат. Же олимпиада идеяларынын башаты болгон Европада олимп кыймылы кризиске такалдыбы?

31-июлда Малайзияын борбору Куала-Лумпур шаарында ЭОКтун кезектеги сессиясында 2022-жылкы кышкы олимпиаданын талапкерлери катары калган Алматы жана Бээжин шаарларынын тагдыры чечилет. Айрым адистер Бээжин шаарында 2008-жылы жайкы олимпиада болгонун, тоо лыжа оюндары өтүүчү Чжанцзякоу капчыгайы алысыраак экенин азыр эле каңкуулап, улам эле кыска убакытта кытайлыктар олимпиаданын эстафетасын ала береби дешип нааразы пикирлерин айтышууда.

- Ушундай жагдайлардан улам Алматы шаары алдыга чыгып, 2022-жылкы кышкы олимпиаданы өткөрүү укугун жеңип алса, кышкы спорту бечел коңшу Кыргызстан үчүн өзү уткандай эле олжолуу болмок, - дейт Улуттук олимпиада комитетинин президенти Мурат Саралинов.

Ошентип Алматы шаары бир нече жагдай, позиция боюнча негизги талапкердин бири катары оозго алынып, бирок мындай оор жүк, милдетти Казакстан аркалай алабы деген күдүк ойлор да айтылууда. Эл аралык олимпиада комитетинин мүчөлөрү эмне үчүн акыркы үч олимпиадалык оюндар Азия аймагында өтүш керек дешип маселени кабыргасынан коюшууда. Себеби, 2018-жылкы кышкы олимпиада Түштүк Кореянын Пхенчхане шаарында, 2020-жылкы жайкы олимпиадалык оюндар Жапониянын борбору Токиодо өткөрүлө турганы эбак анык болуп, кызуу даярдыктар жүрүп жатат.

- Анан 2022-жылкы кышкы оюндарды өткөрүү укугун да Азия континентиндеги Алматы шаары жеңип алышы мүмкүн. Бул демилгени жакында эле шаар тургундарынын көпчүлүгү колдоого алышаары сурамжылоодо маалым болду,- дейт Улуттук олимпиада комитетинин башкы катчысы Канат Аманкулов.

Ал ортодо Алматы шаары 2017-жылы Бүткүл дүйнөлүк кышкы Универсиада оюндарын өткөрүүгө шымалана киришип, даярдык көрүүдө. Алатау районунда 12 миң күйөрман бата турган, баасы 170 миллион долларга барабар өлкөдөгү эң чоң кышкы спорт сарай куруу долбоорун ишке ашырууга белсенүүдө.

Кулжа аймагында дагы 3 миң күйөрман бата турган, баасы 86 миллион долларлык спорт аренасын куруу пландалууда. Ошентип бир кышкы аренаны курууга 256 миллион доллар чыгымдалмак болууда.

- Бул ири курулуштар курулуп калса, Медео муз аренасы кайра реконструкцияланса, Чым-Булактагы тоо лыжа базасы эл аралык талаптарга ылайык кайра курулса, дагы эл аралык талаптагы бобслей, чана, фристайл базаларын курууну пландап койсо, Казакстан 2022-жылкы кышкы олимпиаданы өткөрүүгө чама-чаркы жетмек, - дейт Бишкек шаардык спорт комитетинин төрагасы Шейшенкул Бакиров.

Казакстандыктар 2011-жылы 7-кышкы Азия оюндарын Астана жана Алматы шаарларында жогорку деңгээлде өткөрүү менен дүйнөлүк адистердин жана ЭОКтун жетекчилеринин көңүлүн бурган.

Казакстан суицид боюнча алдыда

Казакстан Борбор Азия өлкөлөрүнүн ичинен өз өмүрүн кыйгандардын саны боюнча алдыңкы орунда. Бул туралуу Улуттар уюмунун Адамдын өнүгүүсү боюнча баяндамасында жазылат.

Дүйнөлүк уюмдун адамдын өнүгүүсүнүн көрсөткүчтөрүнүн тизмесин Норвегия, Австралия, Швейцария баштаса, Африкадагы эң жарды деген Конго жана Нигер өлкөлөрү эң төмөндө турат.

Борбор Азия өлкөлөрү тизменин ортосунда: Түркмөнстан 103, Өзбекстан 116, Кыргызстан 125, Тажикстан 133-орунда. Казакстан коңшуларынан алдыңкы 70-орунду ээлеген.

Ошол эле маалда Казакстан Борбор Азия өлкөлөрүнүн ичинен өз өмүрүнө кол салгандардын арасында алдыда турат. Жашоо шарттын деңгээли боюнча коңшуларга караганда алдыга кеткен бул өлкөдө суициддин көп болушун адистер ар кандай түшүндүрүшөт.

Казакстандын стратегиялык изилдөөлөр институтунун бөлүм башчысы Мадина Нургалиеванын баасында, өзүнө-өзү кол салгандардын көбөйүшү ички психологиялык жана сырткы социалдык факторлор менен байланыштуу:

- Учурда жашоо шарттары начарлардын арасында дагы өзүнө-өзү кол салгандар бар. Алардын арасына карызга батып, төлөй албай калгандар, ипотека, кредит алгандар, күрөөканалардын туруктуу кардарлары кирет. Бул адамдар юристтердин, финансисттердин жана башка адистердин жардамына муктаж. Менимче, ар бир топ менен өз алдынча иш жүргүзүү керек.

Нургалиева адамдар жаш курагына, коомдук макамына жана материалдык байлыгына карабай өзүн жоготуп, туңгуюктан чыга албай калганы кадимки көрүнүшкө айланып баратканын, андыктан суциддин өсүшүн экономикалык себептерге гана такоого болбостугун айтты.

“Элдани” кайрымдуулук корунун жетекчиси Гүлзира Амантурлина Казакстанда өз жанын өзү кыйгандардын арасында балдар жана өспүрүмдөр көбөйүп баратканын, алардын басымдуу бөлүгү үй-бүлөлүк маселелерге байланыштуу экенин белгилейт:

- Негизги себептердин бири - ата-эненин ажырашуусу жана мектептеги теңтуштарынын орой мамилеси. Суициддин токсон пайызы мына ушундан улам болот. Ата-энелер балдарын угушпайт. Эгер бала жашоо жакпай калганын, жашагысы келбей жатканын айтып калса эле дароо көңүл буруу керек. Анткени бул алгачкы коңгуроо.

Адистин айтканына кулсак салсак, мектеп бүтүрүүчүлөрү тапшырган Улуттук тестирлөө алгачкы кирген жылдары балдарга терс таасир тийгизип, анын айынан жарыкчылык менен коштошууга чейин баргандар болгон.

Ал эми Психиатрия жана наркология боюнча илимий практикалык борбордун жетекчиси Сергей Скляр болсо Улуттар уюмунун баяндамасы боюнча «бизде ар бир [суицид] факт катталат. Бул бизде өсүп жатат дегенди билдирбейт. Башка өлкөлөр андайларды каттабай коюшу мүмкүн” деп түшүнөт. Бул борбордун маалыматы боюнча, 17 миллион калктуу Казакстанда жыл сайын үч миңге жакын киши өзүнө-өзү кол салып, жарыкчылык менен коштошот.

"Aзаттыктын" жаңылыктары, 24-июль

"Aзаттыктын" жаңылыктары, 24-июль
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:42 0:00

Өзбекстанда "диний экстремист" деп, эмгек мигранттары соттолду

Карачи аэропортунда канабайрам уюштурган Өзбекстан ислам кыймылынын желдеттери

Өзбекстандын Кашка-Дарыя облусунда үч аял жана үч эркек 9 жылдан 15 жылга чейин соттолду. Алар тыйуу салынган Өзбекстан ислам кыймылынын мүчөсү, өлкөдөгү конституциялык түзүлүштү кулаткысы келген деп айыпталды

Бул сот жараянын адам укугун коргоочу “Эзгулик” уюму буйрутма иш деп атап, бийликти тергөөнү эл аралык нормаларга ылайык жүргүзүүгө чакырды.

Өзбекстандын адам укугун коргоочу “Эзгулик” коомунун билдиришинче, өкмөттүк төңкөрүш жасоону көздөгөн, тыйуу салынган диний экстремисттик уюм менен байланышы бар деп, дагы 60тан ашуун адамдын үстүнөн сот жүрүүдө.

7-июлда алардын алгачкы алтоосу(үч эркек жана үч аял): Атабек Ачылов, Зафар Пулатов, Бахтияр Базаров, Лолахан Кудратова, Нигара Эрназарова жана Азиза Мухитдинованын өкүмү угузулду. Алар Өзбекстандын кылмыш кодексинин 155 (терроризм), 159 (конституциялык түзүлүштү алмаштыруу) жана 244-беренелерине ( диний-экстремисттик, жикчил, фуданменталистик ж.б. тыйуу салынган уюмдарга кирген) ылайык, 9 жылдан 15 жылга чейин түрмөгө кесилди.

Соттун өкүмүнө караганда, алар Орусияга иштегени барып жана ал жакта 2010-2013-жылдары жашап жүрүшүп, азыр Пакистандын аймагында аракеттенген Өзбекстан ислам кыймылына мүчө болуп өтүшкөн. Өздөрүндөй эле Орусияга кара жанын бакканы келген эмгек мигранттары арасында аталган кыймылдын идеяларын жайылтып, бийликти басып алууну мерчемдешкен. “Бул максатта Орусияда иштеп тапкан акчаларынан 500 доллардан чегеришкен. Алардын “Москва-Баку-Захедан-Вана” поездине түшүп, Пакистандагы террордук группага кошулууну көздөгөнү анкыталды. Анүчүн Орусия Федерациясынын белгисиз жайларында ок атуучу куралдарды пайдалануу, жанкечтилик боюнча даярдыктан өткөн кылмышкерлер Өзбекстандагы президенттик жана парламенттик түшүлүштү өзгөртүүнү көздөгөн,”- деп айтылат өкүмдө.

“Эзгулик” уюму Кашка-Дарыя облустук сотунун чечимин тийиштүү кызматтардын буйрутмасын аткаруу жана бейкүнөө жарандарды негизсиз каралоо деп баалады. Ошон үчүн жогорку инстанциядагы сотторду бул ишти Өзбек республикасынын жана эл аралык нормаларына ылайык кайра карап чыгууну суранды.

Ал эми сотолуп жаткан 70тей адам мүчөсү деп шектелген Өзбекстан ислам кыймылы акыркы 10 жылдан ашуун мезгилде Пакистанда баш калкалап жүрөт. Ислам Каримовду президенттиктен кулатып, Борбор Азияда ислам халифатын курууну көздөгөн уюмдун бул мүчөлөрү Өзбекстандан 1990-жылдардын башында чыгып кетишкен. АКШ башындагы күчтөр 2001-жылы талиптердин өкмөтүн талкалаганга чейин алар Ооганстанды конуш тутуп жүрүштү. Башынан эле талиптер жана “ал-Каиданын” согушчандары менен тыкыс иштешет. Быйыл 9-июнда өзбекстандык согушчандар Пакистан армиясынын формасын кийип алып, Карачи эл аралык аэропортуна кирип барып, канабайрам салышты. Шамдан таң азанга чейин уланган аткылашууда 37 адам, анын ичинде белине бомба байлаган он жанкечти өлдү.

Пакистандын аскерий жетекчилиги аэропорттогу чабуулду өзбек жихадчылар уюштурганын билдирди. Жарыша эле Пакистан талиптери аэропортко чабуулду өзбек жихадчылар менен чогуу уюштурганын жар салган.Ал эми Өзбекстан ислам кыймылы өз сайтында урушта “шейит өлгөн” он мүчөсүнүн сүрөтүн чыгарды ошондо. Сүрөттө сакал-муруттуу, кара селдечен согушчандардын тобу колдоруна Калашников автоматын кармап турушат.

Исламабаддык эксперт Имтияз Гүлдүн Ройтерс агенттигине айтымында, пакистандык уруулардын башкаруусундагы Түштүк жана Түндүк Вазиристандын тоолуу аймактарында өзбекстандыктарга жанаша уйгур согушчандар да аракеттенет. Тили, маданияты, үрп-адаттары жакын элдин Халифат курууну самап жүргөн жихадчыларга конушту жергиликтүү талиптер берет. Андыктан, алар талиптердин буйруганын чыкпаганын жана террордук чабуулдарды чогуу уюштуруп, өкмөттүк күчтөргө макулдашып кол салышат дейт серепчи.

"Азаттыктын" жаңылыктары, 23-июль

"Азаттыктын" жаңылыктары, 23-июль
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:28 0:00

Нуратадагы маданий комплекс оңдолду

Нуратадагы маданий комплекс оңдолду
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:17 0:00

Көлдүк Кенжебекти издеген Убайдулло

Ибайдулла Саимов

Аскерде бирге кызмат өтөгөн ысыккөлдүк досун издеген жергеталчы менен маекти сунуш этебиз. СССРдин акыркы жылдарында Казакстандын Ак-Төбөсүндө аскер кызматында болгон Ибайдулла Саимов көлдүк досу Кенжебек Аятовду таап берүүгө жардамдашууну суранды.

Тажикстандын баш калаасы Дүйшөмбүгө иштери менен келгенде Ибайдулла "Азаттыкка" бир жыл кыргыз мектепте окуганын, Кыргызстанда тууган-уруктары, достору бар экендигин, азыр Орусияда курулушта иштеп, ал жакта да кыргыздар менен достошконун айтып берди.

Ибайдулла: Көлдүк досум Кенжебекти издейм
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:15 0:00
Түз линк

Убайдулла Сайымов: Сизден бир сураныч! Кыргызстандын Ыссык-Көл обласстынын Сары-Камыш деген жеринен Аяпов Кенжебек деген досум бар эле. Ошондон суранамын! Эгер мени угуп жатса, телефон чалсын, дарегин айтсын. Телефонун сизге таштайын. Канча жолу Бишкеке, Ыссык-Көлгө чейин издеп бардым, таппадым. Мен билген мурунку дарегине канча жолу кат жазып жибердим, бирок жооп келбеди. Ал экөөбүз 1987-89 жылдары Казакстандын Актюбинский областында бирге аскер кызматын өтөгөнбүз.

Жаңыл Жусупжан: Дүйшөмбүдө эмне иш кыласыңар?

Убайдулла Сайымов: Азыр Оруссияда иштейм. Бул жака документтеримди бүтүрөйүн деп келгем. Борборго келип, кетип турабыз. Такси айдап, киши ташып калам. Өзүм биринчи классты кыргызча окугам. Жерге-Талдын Коргон айылынан болом. Азыр Орусиянын Самара шаарында курулуштамын, ал жакта кыргыздар менен жолугуп турабыз.

Жаңыл Жусупжан: Жашоо кайсы жакта жакшыраак?

Убайдулла Сайымов: Биздин Жерге-Талдын жарымы Кыргызстанга көчүп кетти. Азыр биздин эл кайра көчүп келгиле деп суранып атышат. Иштеген ишим Оруссияда, ошон үчүн биз кайта албайбыз.

Жаңыл Жусупжан: Силердин туугандардын көбү согуштун мезгилинде Кыргызстанга кетиштиби?

Убайдулла Сайымов: Согуштан кийин кетишкен. Жашоолору ошол жакта. Иним ошол жакта. Кыргызстанда дыйканчылык менен иштесең болот. Жер, суу кенен. Ошол артыкчылыгы бар.

Жаңыл Жусупжан: Жерге-Талдык кыргыздар жерди иштетүүнү жакшы билишеби?

Убайдулла Шайымов: Жер иштетүүнү аябай жакшы билишет. Биз кичинебизден жер менен чоңоюп келебиз. Аба-ырайы салкын болгондугунун себебинен, картошка өстүрөбүз.

Жаңыл Жусупжан: Тажиктердин көбү Оруссияда деп угабыз. Тажикстанда жашоо кыйыныраакпы?

Убайдулла Сайымов: Бул жакта кесибиң менен иш табууга мүмкүн эмес. Ишканалар жоюлуп кеткен. Ошондуктан баары Оруссияга кетип иштешет. Менин кесибим айдоочу. Жашым кырк беште. Үч кыз, төрт балам бар. Экөө Орусияда калгандары үйдө.

Дүйшөмбү калаасындагы автобекеттеги жергеталдыктар. Көбү кыргыз тилин жакшы билишет.
Дүйшөмбү калаасындагы автобекеттеги жергеталдыктар. Көбү кыргыз тилин жакшы билишет.

"Азаттыктын" жаңылыктары, 22-июль

"Азаттыктын" жаңылыктары, 22-июль
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:55 0:00

Тажикстанда "Одноклассники" жабык турат

Тажикстандын байланыш кызматы "Одноклассники" сайтынын эмнеге жабык турганын түшүндүрө алган жок. Бирок интернет провайдерлер бул сайттын атайын тапшырма менен жабылганын айтышууда.

Тажик өкмөтүнүн алдындагы Байланыш кызматы дүйшөмбүдө "Одноклассники" сайты эмне себептен ачылбай жаткандыгынан кабарсыз экендигин айтып, ошол эле күнү тактап берүүгө сөз беришти.

Өлкөдө бул жаңылык эки күндөн бери уу-дуу талкууланып жаткандыгына карабастан, Байланыш кызматы алдыңкы күндөр дем алыш болгондуктан, чектөөнүн себеби аныктала электигин тастыкташты.

Тажикстандагы интернет-провайдерлердин биримдиги болсо "Одноклассники" сайты «атайын тапшырма» менен жабылган деген бүтүмгө келишти. Биримдиктин төрагасы Асомиддин Атоев буга чейинки тажрыйба ушундай жыйынтыкка түрткү болуп жатканын айтат. Алардын маалыматында, азыр Бабилон Мобайл, Бабилон Ти жана Билайт провайдерлери аркылуу "Одноклассникиге" кирүү мүмкүн болбой жатат.

Маалыматтарга караганда, эгер Фейсбукта Тажикстанда 60 миң пайдалануучу болсо, "Одноклассники" сайтында катталгандардын саны 300 миңден ашат. Башкача айтканда, бул тармак өлкөдө зор популярдуулукка ээ.

Атоевдин сөзү боюнча, бул жана башка сайттардын блокировкасын Байланыш кызматынын билмексенге салышы тескерисинче, буга анын тийешеси бар деген шектенүүгө жем таштайт. "Азаттыктын" тажик кызматынын кабарчысы Абдымомун Ахамади дүйшөмбү күнү кечинде бул сайт дагы деле жабык экендигин бышыктады. Бул кызматтын маалыматы боюнча, "Одноклассники" сайты Тажикстанда 18-июлдан бери жабык турат. Анын алдында дагы бир популярдуу ЮТЮБ сайты жабылган эле. Бул быйыл эле ЮТЮБдун бешинчи жолу жабылышы.

Байланыш кызматы мурда да бул сайттардын блокировкасына тийешеси жок экендигин айтчу, же «профилактикалык» иштер жүрүп жаткандыгын бетке кармачу. Интернет-провайдерлер биримдигинин жетекчиси белгилегендей, эгер мурда Байланыш бөлүмү тигил же бул чектөөнү провайдерлерден смс аркылуу талап кылса, азыр көбүнчө ооз эки көрсөтмө берет.

"Одноклассники" сайтынын жабылып калышы анын ишкер Умарали Кувватов жетектеген «24түн тобу» өңдөнгөн оппозициячыл уюмдардын материал, видеолору жарыяланган таасирлүү платформага айланган мезгилге туура келүүдө. Бул тармакты Ирак менен Сирияга жихадга чакырган тажик согушкерлери да кеңири колдонушат.

Орусиялык "Одноклассникинин" блокировкасы Тажикстанда кайчы пикирлерге түрткү болду. Айрымдары көп достору менен алака кыла албай калганына өкүнүп, 21-кылымда интернетти бир да өлкө жеңе албай тургандыгын белгилешүүдө.

Бирок сүйүнгөндөр да бар. Алардын пикиринде, бул сайт адепсиз бузукулуктун очогуна айланды. Екатеринбургдагы Жаббор деген пайдалануучу ыйык орозо айында бул Кудайга жага турган иш болду деп жазды.

"Азаттыктын" тажик кызматына жазгандардын айрымдары «сайттын блокировкасы Тажикстандын улуттук коопсуздугуна байланышкандыгын» белгилешүүдө. «Бул сайт абийирсиз бузукулук эле эмес, жихадчы, салафиттердин реакциячыл диний көз караштарын таркатуучу булакка да айланды, ошондуктан ал жабылса, өлкөгө пайда болот» деп жазды алардын бири.

"Азаттыктын" жаңылыктары, 21-июль

"Азаттыктын" жаңылыктары, 21-июль
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:04 0:00

"Азаттыктын" жаңылыктары, 18-июль

"Азаттыктын" жаңылыктары, 18-июль
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:40 0:00

"Азаттыктын" жаңылыктары, 17-июль

"Азаттыктын" жаңылыктары, 17-июль
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:40 0:00

Кыйчалыштагы кыргыз-тажик мамилеси

Кыргыз тышкы иштер министри менен Тажикстандын тышкы иштер министри Сироджиддин Аслов. 17-июль, 2014-жыл.

Кыргызстан менен Тажикстан чек ара чатагынын айынан солгундаган мамилени жөнгө салуу жолун издешүүдө.

Эки өлкөнүн тышкы иштер министрлери Бишкектеги жолугушууда чек ара тилкелеринде күч колдонууга жол бербөө жана өз ара ишенимди калыбына келтирүү боюнча макулдашты. Кыргыз тарап расмий Дүйшөмбүдөн буга чейин жетишилген келишимдерди сактоону талап кылды. Тажикстандын башкы дипломаты маселени чек ара аймагындагы калктын маанайын эске алуу менен чечүүнү өтүндү.

Аткарылбаган макулдашуулардын айлампасы

Жолугушууда Кыргызстандын тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев чек арадагы чыңалууну жөнгө салуу боюнча Тажикстан менен мурда жетишилген макулдашууларды аткаруу маселесин көтөрдү. Ошондой эле Абдылдаев чек ара чатагын жөнгө салууда тажик тарап эки ирет оор аскер куралын колдонгонун белгилеп, мунун эл аралык келишимдерге каршы келерин эскертти. Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө тараптар чек ара чатагын жөнгө салууда аскер күчүн пайдаланбоону макулдашты. Кыргызстандын тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев жолугушууда коюлган маселелер тууралуу мына буларга токтолду:

-Биз эки өлкөнүн чектешкен райондорунда болгон кырдаалды толук талкууладык. Ошондой эле тажик тараптын мыйзамга туура келбеген иш-аракеттерге жол бергенине айраң-таң экенибизди билдирдик. Тажик тараптын жасаган мамилеси мурда кабыл алынган макулдашууга караманча каршы келип, аны аткарууга мүмкүнчүлүк бербей жатканын айттык. Биз тажик тараптын алдына койгон бардык маселелерге жооп алына элек. Бирок менин кесиптешим Сироджиддин Аслов мырза жакын арада толук маалымат берилерин айтты.

Ошол эле учурда Тажикстандын тышкы иштер министри Сироджиддин Аслов 10-июлда Кыргызстандын чек арачылары тажик жарандарына карата ок чыгарганын айыптады. Аслов мырза кыргыз тарапка чек ара көйгөйүн сүйлөшүүлөр аркылуу жөнгө салуу жана чек ара тилкелеринен куралдуу күчтөрдү алып чыгып кетүүнү сунуштады. Буга себеп катары Тажикстандын тышкы иштер министри Сироджиддин Аслов чек ара чатактарын жөнгө салууда аскер күчтөрүнө сабырдуулук жетишпей жатканын белгиледи:

- Тилекке каршы өткөн жумада жайкын тажик жарандарынын каны төгүлдү. Бул өтө кейиштүү. Эки жактын тең чек ара жана башка күч түзүмдөрүнө чыдамкайлык жетишпей жатат. Мындай нерселерге жол бербешибиз керек. Мына ошондуктан биз кыргыз кесиптештерибизге чыр-чатактуу чек ара тилкелерин демилитаризациялоо жана чыңалууну азайтууну сунуштадык.

Жол курулушунан чыккан жоболоң

Кыргызстан менен Тажикстандын ортосунда жыл башынан бери үч жолу курал колдонууга чейин жеткен чек ара чатагы орун алган. Анын бардыгы Ворух тажик анклавын айланып өтмө жолдун курулушун токтотууга байланыштуу экени айтылган. Ошондуктан кыргыз тарап Баткендеги Көк-Таш-Ак-Cай-Тамдык жолун куруу боюнча мурда жетишилген макулдашуунун шарттарын аткаруу маселесин көтөрдү. Тажикстандын башкы дипломаты Аслов мырза бул жолду куруудагы пикир келишпестиктер жөнгө салынарына токтолду:

- Бул жолдун курулушу боюнча 99 пайызга бардыгы даяр. Бирок кыргыз тарап мында кандайдыр бир маселе бар экенин жана ал тоскоолдук тажик тараптан болуп жатканын белгилеп келет. Биз тараптан дагы мына ошондой эле доомат бар. Бул жолугушуудан кийин биз өз өкмөттөрүбүзгө бул туурасында жеткирсек, Көк-Таш-Тамдык сыяктуу эле Ворух-Исфара жолунунун да курулушу башталат деген ойдобуз.

Кыргыз тарап 10-июлда чек арачыларды курал колдонууга түрткөн чек арадагы тажик жарандарынын чагымын уюштургандардын бетин ачууну өтүндү. Буга чейин кыргыз тарап Кыргызстан куруп жаткан жолду курдурбоо үчүн чагымчыл аракеттер уюштурулганын билдирген болчу.

Кыргызстандын өкмөтүнүн чек араларды тактоо бөлүмүнүн башчысы Курбанбай Искандаров кыргыз тараптын демилгеси менен курула баштаган жолго тоскоолдук болуп жатышынын себебин мындайча түшүндүрдү:

- Алардын тоскоолдук кылганынын негизги эле максаты - мына ушундай басым көрсөтүү болсо, кыргыз тарап Ворух анклавына коридор береби деген үмүт. Бирок биз тажик тараптын ал сунушун кабыл албай турганыбызды, ал тууралуу сөз болушу да мүмкүн эместигин мурда эле кесе айтканбыз. Биз өзүбүздүн аймак менен аталган анклавды айланып өткөн жолду кура беребиз анан чек аралар такталганга чейин ал жолдон тажик тараптын пайдалануусуна уруксат беребиз дегенбиз.

Учурда Кыргызстан менен Тажикстандын өкмөт башчыларынын орун басарларынын деңгээлинде эки ортодо пайда болгон маселелерди чечүү боюнча жумушчу топ иш алып барууда. Кыргыз тарап 3-июлда кабыл алынган протокол боюнча жогоруда аталган жолдун курулушун эки жумадан кийин тажик тараптын макулдугусуз эле баштай берерин жарыялаган болчу.

Жапония Борбор Азиянын ымаласына кызыкдар

Бишкек. 16-июль.

Жапония Борбор Азиянын беш мамлекетин өз ара кызматташууга жана көйгөйлөрдү биргеликте чечүүгө үндөйт.

"Борбор Азия+Жапония" диалогунун алкагында аталган мамлекеттердин тышкы иштер министрлери “Кызматташуунун жаңы он жылдыгы” тууралуу билдирүүгө кол коюшту. Борбор Азия менен Жапониянын кызматташтыгын өнүктүрүүнүн беш багыты аныкталып, эл аралык коркунучтарга чогуу каршы туруу жана көйгөйлөрдү биргеликте чечүү маселеси макулдашылды.

Сүйлөшүүлөрдүн жаңы аянтчасы

Жапония, Түркмөнстан, Казакстан Тажикстан, Өзбекстан жана Кыргызстандын тышкы иштер министрлеринин бешинчи кеңешмеси “Борбор Азия жана Жапония диалогу” алкагында бирдиктүү билдирүү кабыл алды. Анда саясий жана аймактык ымаланы өнүктүрүү, соода-экономикалык байланыштарды күчөтүү, жеке ишкерликти колдоо, интеллектуалдык жана гуманитардык-маданий кызматташтыкты өркүндөтүү демилгеси көтөрүлдү.

Кыргызстандын тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев аталган сүйлөшүү аянтчасы натыйжалуу болооруна ишеним билдирди:

- Борбор Азия мамлекеттери менен Жапониянын өз ара кызматташуусун кеңейтүүдө биз бул диалогду маанилүү аянтча катары карайбыз. Бүгүн биз кесиптештер менен аймактагы өтө курч маселелер боюнча ачык-айрым пикир алмашып, баарлаштык. Бул бизге маселелерди терең түшүнүп, негизги кадамдарды аныктоого жана жалпы көйгөйлөрдү биргеликте талкуулап, жыйынтык чыгарууга жардам берет.

Эрегишкен маселелер эки тараптуу гана чечилеби?

Учурда Борбор Азия мамлекеттери өз ара ымала таппай жаткан чакта Жапония сыяктуу өнүккөн күн Чыгыш өлкөсү кошулган форматта кызматташуунун жаңы шарттарын кабыл алууга тараптар канчалык кызыкдар? Аймактагы кошуналар ортосунда чек ара жана суу-энергетика көйгөйлөрү сыяктуу курч маселелерди чечүүгө бул аянтча канчалык жарамдуу деген суроого Тажикстандын тышкы иштер министри Сироджиддин Аслов мындайча жооп берди:

- Биздин эки мамлекеттин ортосундагы чек ара чырын жөнгө салуу бүгүнкү жыйындын күн тартибиндеги маселе эмес. Бул маселе эки тараптуу шартта гана каралышы керек. Албетте, бул маселени кароодо бир топ оорчулуктар болууда. Бирок аны жөнгө салууга башка тараптарды тартуунун кажети жок. Биз миңдеген жылдар бою танапташ жашаган соң буга окшогон маселелерди өзүбүз эле чече алабыз.

Жапониянын тышкы иштер министри Фумио Кисида расмий Токио Борбор Азия менен кызматташууну күчөтүүгө дайыма кызыкдар экенин билдирди. Ошону менен бирге Кисида жалпы көйгөйлөрдү биргеликте чечүү менен гана аймактагы туруктуу өнүгүүнү камсыз кылууга болорун кошумчалады:

- Ооганстандагы кырдаалды эске алуу менен мен маңзат соодасына каршы күрөш жана мамлекеттик чек араларды көзөмөлдөө маселесин көтөрөт элем. Жапония Борбор Азиянын керектөөсүн камсыздоо үчүн мындан ары дагы колдоо көрсөтүп, аймактагы туруктуулукту жана өнүгүүнү камсыздоодө өнөктөш бойдон калмакчы.

Тышкы иштер министрлеринин "Борбор Азия+Жапония" диалогу кеңешмеси 2004-жылы түзүлгөн. Быйыл анын уюшулганына он жыл толуп, кеңешменин мааракелик жыйыны Кыргызстанда болуп өттү. Анын жыйынтыгында өз ара кызматташууну күчөтүү боюнча билдирүү кабыл алынды. Жыйын соңунда аталган кеңешмеге төрагалык кылуу Кыргызстандан Түркмөнстанга өттү.

"Азаттыктын" жаңылыктары, 16-июль

"Азаттыктын" жаңылыктары, 16-июль
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:14 0:00

Сохтун чегиндеги булактын чыры

Кыргыз жана өзбек жарандары "Достук" чек ара бекетинин ачылышын күтүшүүдө. 6-февраль 2012.

Кыргызстан жана Өзбекстан ортосундагы саясый-экономикалык маселелерден, айрыкча чек аранын такталбаганынан талаштуу тилкелерде жашаган жарандар жапа чегишүүдө.

Кыргызстандын ичиндеги Сох анклавындагы Өзбекстанга караштуу Чечме кыштагынын айрым жашоочулары үч жумадан бери суусуз отурушат. Алардын айтымында кыргыз тарап сууну бууп койгон. Бул маалыматты Кадамжай районундагы Чечме айылынын башчысы четке кагып, кошумча арыктардагы суу гана тосулганын айтты.

Кыргызстан жана Өзбекстан терроризмдин алдын алуу максатында март айында командалык-штабдык машыгууларды чогуу өткөрдү. Терроризмге каршы эки өлкө бирге күрөшөт. Бирок СССР заманында чийилген чек араларды коңшулар 14 жылдан бери такташа албай келет. Эки мамлекеттин орток чек арасы 1378 чакырым болсо, анын 320 чакырымы тактала элек. Бул эки өлкөнүн букараларынын жашоосуна тескери таасир этүүдө.

Өзбекстандын Сох районундагы Чечме кыштагынын эли агын суусуз калганына үч жуманын жүзү болду. Өлмасжан Илиясов деген жаран “Азаттык” радиосунун өзбек кызматына суу башат алчу булакты Чечменин кыргыз тарабы бууп алганын айткан:

- Сууну жыйырма бир күндөн бери тосушууда. 316 кожолуктун эгини суу ичпей калды. 80 кожолук ушул арыктан суу иччү. Азыр алар таза суудан кыйналууда.

Илиясовдун сөзүнө караганда, суунун тартыштыгынан улам 50 гектардан ашык эгин талаасы кургап калган. Адамдар сууну эки чакырым жерден ташып ичишүүдө.

Кыргызстандагы Сох анклавы
Кыргызстандагы Сох анклавы

Чечме кыштагынын бир бөлүгү Кыргызстандын Баткен облусунун Кадамжай районунун Бирлик айыл өкмөтүнүн территориясына кирет.

Сохтуктардын ырасташынча, кыштактын Кыргызстан тарабынын тургундары коңшуларынын биринин үйүнө жол ачып берүүнү талап кылып, сууну бөгөп салышкан.

Бирлик айыл өкмөтүнүн Чечме айылынын башчысы Жапар Саматов суу буулганын төгүндөп, мындай тактоо киргизди:

- Суу буулган жок. Илгертен бери суу беш-алты түтүктөн агып турган жана азыр да агууда. Кыргыздар менен тажиктерге бөлүнгөн сууга эч ким тийген жок. Адамдар сууну ичишүүдө. Бирок кошумча арыктар бар болчу. Ошону гана бекитип койгонбуз. Чек арада кыргыз жараны - жесир аял жашайт. Анын үйүнө машине жана башка техника кире албайт. Жолду бууп ташташканына 10 жыл болду, жолдун ортосуна казык кагып, зымды тартып салышкан. Кийин аны бузуп, суу акчу ноого такап коюшту. Биздин жарандар бирөөнүн там арка жери аркылуу өтүшөт. Жолду ачып берсеңер деп он жылдан бери айтабыз, бүгүн-эртең деп чечилбей жүрөт. Биздин Чечмеде базар бар эле. Ага да (Өзбекстан) элин чыгарбай койду. Ошого эл “Алар эмнеге мындай кылышат? Жесир аялдын жолун ачып берсин. Анан сууну беребиз,” - деп, кошумча арыктардагы сууну токтотуп койгон.

Жапар Саматовдун айтышынча, мурда Чечме деп Кыргызстан тараптагы айыл гана аталган. СССР кыйрагандан кийинки жылдары Өзбекстан Чечме айылынын каршы тарабын отурукташтырып, жаңы конушту “Чешме” деп атаган:

- Мурда Чечме бир эле бөлүк болгон. Булактын башында 7-8 гана үй-бүлө жашачу. Эми сохтун эли көчүп келип, чек араны бойлото үйлөрдү салып, жаңы конуш Чечме (Чешме) деп аталып калды. Өзбекстан жана Тажикстан чек араларын бекемдеп, үйлөрдү салып жатпайбы...

"Чешме" перс тилинде булак дегенди билдирет.

Там-жайы чек аранын Кыргызстан тарабында жайгашкан Юсуфали Шералиев чек аранын такталбаганы үчүн үй-бүлөсү чоң түйшүк тартып жатканын айтат:

- Суубуз бир, мазарыбыз бир, тоюбуз бир, малыбыз да бир эле. Эки жылдан бери кыргыздар менен мамилебиз бузулду. Менин тамым ошол булактын асты жагында болгондуктан, сууну биринчи мен ичемин. Беш-алты кыргыз жараны келип ”Асфальт жолду бузабыз, сенин үйүң Кыргызстандын чек арасында турат”, - деп айтышты. Бул мени кыжалат кылууда.

Юсуфали Шералиевде үйү Өзбекстандын аймагында экенин тастыктаган документтери бар экен. Анын айтымында, анын үйү турган жерди мурда Сохтун эли жайыт ирети пайдаланган.

​Кыргызстандын Чечме айылынын башчысы Жапар Саматов 16-июлда да Бирлик айыл өкмөтүнөн жана Чек ара кызматынан комиссия келип, маселени териштирип кетти деп кошумчалады.

Ал эми Ош жана Жалал-Абад чөлкөмдүк чек ара башкармалыгынын чек араны кайтаруу бөлүмүнүн зардалы Максатбек Смадиловдун апрель айында “Азаттык” радиосуна берген интервьюда Өзбекстан 2003-жылга чейин эле тактала элек жерлерди, өзгөчө суунун башын жана суу бөлүштүргөн жерлерди тосуп же ээлеп алганын айтат:

- Көбүнчө суунун башын байлаган, суу бөлүштүргөн жерлердин баарын Өзбекстан ээлеп алган. Ошонун баарын барган сайын бизге таасир эте турган рычагдарга айлантып жатышат.

Мындай суу талаш, жайыт талаш коңшулаш эки мамлекеттин өз ара алакасынын, чек аранын такталбай келатканынын туундусу.

Быйыл 14-апрелден тартып Өзбекстан Ош шаарына газ берүүнү токтоткон. Кыргыз бийликтеринин айтымында, маселени сүйлөшүп чечүү аракетинен майнап чыкпай жатат. Өз ара соода да жакшы өнүккөн эмес. Өзбекстан дүйнөнүн 44 өлкөсүнө соода-экономикалык мамилелерде ашыкча артыкчылык берет. Бул тизмеде Өзбекстанга коңшулаш Кыргызстан, Тажикстан, Казакстан, Түркмөнстан жок.

2013-жылы эки өлкө ортосундагы соода 97 млн. доллар болуп, Кыргызстандан Өзбекстанга товарларды экспорттоо 14% азайды.

Зеличенко: Кыргызстан аркылуу "кызыл героин" ташылат

Александр Зеличенко.

Ооганстан боюнча серепчилер уюму бул өлкөдөн баш алган маңзаттарды андан ары ташып өтүү ишин Борбор Азия өлкөлөрүнүн бийликтери калкалайт деп билдирди. Мындай билдирүүнү чечмелеп берүүнү өтүнүп, биз Борбор Азиядагы наркосаясат борборунун жетекчиси Александр Зеличенкого кайрылдык.

"Азаттык": Эл аралык серепчилер айткандай, Борбор Азия өлкөлөрүндө маңзат ташып өтүү ишин бийликтегилер калкалап, коргоп келатабы?

А.Зеличенко: Менимче, наркотрафикти бийлик органдары калкалап алды деген туура эмес. Калкалап алды деген – кайсы бир кылмыштуу топ маңзат ташып өтүп турат, ал эми күч органдары аларды көрмөксөнгө салып, ал үчүн акча алып турат дегенди түшүндүрөт. Жагдай чынында мындай – азыр бизде кылмыштуу топторду маңзат ташып өтүү ишинен сүрүп чыгарышты. Алардын ордун уюшкан күч органдарынын кылмыштуу топтору ээлеп алды. Тактап айтканда, күч органдары наркотрафикти өздөрү көзөмөлдөп, ташып өткөрүп, керек болсо соодалап да жатышат. Биз бул маселени көптөн бери изилдеп келатып, «кара» жана «кызыл героин» деген эки термин киргизгенбиз. «Кара» дегени кылмыштуу топтор, же бандиттер алып өткөнү, ал эми «кызыл героин» - расмий күч органдары алып өткөн маңзат. Азыркы тапта Кыргызстанда жалаң «кызыл наркотиктер» калды. Мен ишиме байланыштуу наркомандар менен көп байланышам, алар ачык эле айтып атышат «бизге «кызылдардан, же күч органдарынан» сатып алган алда канча ыңгайлуу. Үйүңө алып келип беришет, сапаты да жакшы, сени эч ким кармабайт" дешет. Мен башында мындайга ишенбей жүрдүм. Кийин статистиканы карасам, абдан эле коркунучтуу экен. Героинди сатып аткан жеринен баланча полковник кармалды. Жакында күч органдарын тескеген вице-премьер -министр өзү атайын жыйында айтпадыбы, наркотрафикти күч органдары өз колуна алганын, атүгүл ташып өткөрүп сатууга аралашкан расмий адамдардын ысымдарын атады. Бир жылда маңзат менен кармалган күч органдарынын 4-5 өкүлүнөн кармалган наркотиктин көлөмү – Кыргызстандын бийликтери баарылап кармаган маңзаттан көп болуп атпайбы. Мындан башка кандай далил керек? Мен муну наркокоррупция деп атайм. Азыр бизде ошондой наркокоррупция өкүм сүрүп атат.

"Азаттык": Борбор Азия өлкөлөрү ичинен кайсыл жерде бийлик менен наркотрафик аябай күчтүү чырмалышып кеткен деп айтсак болот? Кырдаал ар кандай болсо керек.

А.Зеличенко: Мен эми кайсыл бир өлкөгө сөөмөй кезеп атынан айткым келбейт. Бирок азыр экономикасы ушул наркотрафикке байланып калган өлкөлөр бар, аларды наркоэкономика деп атасак да болот. Азыр кандайдыр күч пайда болуп, маңзат ташуу жолдорун бууп салса, экономикасы кыйрап калчу өлкөлөр бар. Биз Кыргызстанда бул көйгөйдү ачык айтып, талкуулап, аны токтотуу жолдорун издеп жатабыз. Кээ бир өлкөлөрдүн өкүлдөрү «жиндисиңерби, ушундай коркунучтуу маалыматты кантип ачык айтасыңар» деп таң калышат. Маңзат ташуу ишинде эбегейсиз акча аралашкан, ал акчага бүткүл парламентти, өкмөттү сатып алса болот. Тарыхта андай мисалдар бар. Латын Америкадагы кээ бир өлкөлөрдө наркобарондор өкмөттү, парламентти, прессаны, деги баарын акча берип сатып алганы болгон. Кыргызстан андайга жетсе, «маңзат сазынан» чыгуу мүмкүн болбой калат. Бул абдан коркунучтуу. Азыр маңзат ташуу бизде бизнес болуп калды, кадимки акча табуу булагы.

"Азаттык": Ооганстанда апийим себилген талаа аянттары жылдан жылга көбөйүп жатат. Борбор Азия өлкөлөрү ага каршы кантип күрөшө алат? Мындай коркунучтан сактануунун жолдору кайсылар?

А.Зеличенко: Биз көптөн бери айтып келатабыз. Кыргызстан өз алдынча чек араларын бул коркунучтан коргой албайт. Мүмкүнчүлүгү жетпейт. Ошондуктан ЖККУ кирген өлкөлөр менен биргелешип чек араларды чогуу кайтаруу жолдорун караштыруу зарыл. Космостон байкоо салуу керек, учкучсуз башкарылчу самолеттор керек, чек ара сызыгы бизде татаал, көпчүлүгү бийик тоолуу аймактардан өтөт. Башка мамлекеттерден жардам сурап, биргелешип кайтарбаса болбойт биздин чек араларды. Америкалыктар, орустар сунуш кылган жардам берели деп. Биздикилер чек араны өзүбүз кайтарабыз, болбосо мамлекеттик сырды сактай албай калабыз дешет. Менимче, бул туура эмес. Өзүбүздүн күч органдарыбыз маңзат ташып жатканын билип калышат деп коркуп атабызбы? Билишсин, келгиле, баарылап ушул коркунучка каршы туралы деп ачык айкын эле иш жүргүзүү керек деп эсептейм.

Маектешкен Жылдыз Ороспакова

"Азаттыктын" жаңылыктары, 15-июль

"Азаттыктын" жаңылыктары, 15-июль
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:16 0:00

Маңзат соодасынын көмүскө кожоюндары

Жаңгакка катылган ооган апийими.

Борбор Азия өкмөттөрү жана укук коргоо органдары Ооганстандан ташылган маңзат аткезчилигине өздөрү кол кабыш кылат. Бул тууралуу “Ооганстан аналитиктер түйүнү” деп аталган көз карандысыз уюмдун изилдөөсүндө айтылат.

Алардын тышкары изилдөөдө маңзат аткезчилигин кылмыштуу уюшма топтор да көзөмөлдөй турганы белгиленген.

Мамлекеттик органдар жана жергиликтүү эксперттер да маңзат соодасы жогорку кызматтагы адамдар, укук коргоо органдары тарабынан колдоо таап, көзөмөлдөнө турганын моюнга алышууда.

“Ооганстан аналитиктер түйүнү” деп аталган көз карандысыз уюмдун изилдөөсүндө Борбор Азия мамлекеттеринин өкмөттөрү жана укук коргоо органдары маңзат соодасына өздөрү кол кабыш кылары көрсөтүлгөн. Тагыраак айтканда, бул өлкөлөрдө маңзаттын бир бөлүгүн мамлекеттик органдар кепилдикке алган адамдар, же аткаминерлер өздөрү ташыйт. Аталган изилдөөнүн авторлору: эксперттер Криштиан Блуер жана Саид Реза Каземи ошол эле кезде укук коргоо органдары маң аткезчилигиндеги өздөрүнүн майда-барат атаандаштарын жок кылып турарын белгилешкен. Коопсуздук боюнча эксперт, чекист Талант Раззаков изилдөөдө айтылгандарга кошулат.

- Майда-чүйдө чабактар колго түшүп жатат. Бирок чоң каналдар ачылбаган бойдон калууда. Маңзат Ооганстандан Тажикстанга, андан бул жакка келет. Азыр негизги коридор Кыргызстан болуп жатат. Өзбекстан болсо чек арасын жаап алган. Бул жерден келе жаткан маңзатты тосуп алып, анан кайра узатып коюшат. Эч кимге тийгизбей, коргоп, сылык-сыпаа чек арадан өткөрүп коюп жатышат. Ушундай деңгээлге жетип калдык.

“Түндүк маршруттун” түйшүгү

Изилдөөдө маңзат соодасы Борбор Азия мамлекеттерин Ооганстан менен туташтырган жападан-жалгыз экономикалык байланыш жана ал мындан ары да сакталат деп сыпатталат. Ошондой эле колго түшүрүлгөн маңзат толугу менен жок кылынбайт, ал кайра эле укук коргоо органдары тарабынан сатылары айтылган. Мурдагы вице-премьер-министр Токон Мамытовдун айтымында, маңзат ташууну максат кылган топ адегенде аны алып өтүүнүн жолун ойлонот. Кыргызстан Ооганстандан ири маңзат ташылган түндүк маршрутта жайгашкан.

- Ооганстандын маңзатын ташыган дагы бир канал - бул түндүк маршруту. Бул Борбор Азия аркылуу Орусияга, андан ары Европага чыгып кетет. Ушул үч маршрутта тең жардам берген бажы кызматкери, чек арачы, укук коргоо органдарынын кызматкерлери болот. Андайлар болбосо, албетте ташыган киши кармалып калат. Бирок милиция, чек ара жана бажы кызматкерлеринин баары тең эле маңзат менен алектенет деп мен айта албайм. Бирок арасында бир-эки желмогуз бар.

Имиштер көп, факты жок

Кыргызстанда өткөн жылы 10 укук коргоо кызматкерине маңзат соодасы боюнча кылмыш иши козголуп, кармалган. Бирок Кыргызстанда маңзат соодасы менен алектенип кармалды деген бир да жогорку кызматтагы чиновник болгон эмес. Коопсуздук маселелери боюнча вице-премьер-министр Абдрахман Маматалиев изилдөөдө айтылган маалыматтар боюнча буларды билдирди:

- Бул сыяктуу аналитикалык материалдар дайыма чыгып жүрөт. Тилекке каршы, укук коргоо органынын чоң даражадагы адамы же чиновник колго түшүп кармала элек. Жогорку деңгээлдеги чиновниктер, жогорку деңгээлдеги укук коргоо органдарынын кызматкерлери маңзаттарды ташыйт экен сөздөр чындыгында бар. Алардын шектүү адамдар менен учурашканын, же алар менен жакшы мамиледе жүргөнүн көрүп мен да таң калган жайым бар. Бирок так далилдер, фактылар жок.

Маңзатка каршы күрөш кызматынын маалыматы боюнча, Кыргызстанда өткөн жылы маңзат соодасына каршы 2 миңге жакын иш козголгон жана 22 тонна маңзаты колго түшүрүлгөн. Ал эми “Ооганстан аналитиктер түйүнү” деп аталган көз карандысыз уюм аталган изилдөөсүндө Тажикстандагы маңзат соодасына өзгөчө көңүл бурушкан. Анда “эгер маңзат соодасы токтоп калса, Тажикстан жөндөмсүз мамлекетке айланышы мүмкүн” деген да маалыматтар келтирилет.

"Азаттыктын" жаңылыктары, 14-июль

"Азаттыктын" жаңылыктары, 14-июль
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:36 0:00

Бишкек майга, Астана сууга кабатыр

Кыргызстандын премьер-министри Жооматр Оторбаев менен Казакстандын премьер-министр Карим Масимов.

Кыргыз-казак премьер-министрлери эки өлкөнүн чек арасындагы өткөрмө бекеттердеги абал-шартты жакшыртууну, туристтик сезонду ийгиликтүү өткөрүп алууну макулдашты.

Жоомарт Оторбаев менен Карим Масимовдун жолугушуусу 12-июлда чек арада, “Ак-Жол” – “Кордай” өткөрмө бекетинде өттү. Анда Бажы биримдигине байланышкан маселелер, күйүүчү май, эт жана сүт азыктарын экспорттоо, сугат суусу жөнүндө да сөз болду.

Кыргыз-казак өкмөт башчыларынын жолугушуусуна журналисттер чакырылган жок. Кыргыз өкмөтүнүн маалымат кызматы болсо жолугушуу тууралуу эки күндөн кийин гана кабарлады. Анда тараптар быйылкы туристтик сезонду ийгиликтүү өткөрүп алууга басым жасады деп айтылат. Карим Масимов Ысык-Көлгө бараткан казак туристтери үчүн чек арадагы тоскоолдуктарды азайтууга чакырды.

- Биздин бүгүн ушул жерде жолушуп жатканыбыз маанилүү. Бул жерде эки өлкөнүн Бажы жана Чек ара кызматтарынын жетекчилери турат. Казакстандык туристтер кыйналбай өтүп барып, эс алып келиши үчүн бардык шарттарды түзүп беришибиз керек.

Расмий Астананын маалыматы боюнча, былтыр Казакстандан Кыргызстанга 2,4 миллион турист келген. Бул мурдагы жылга салыштырмалуу жарым миллионго көбүрөөк.

Өкмөттөгү ишенимдүү булактардын кабарлашынча, Жоомарт Оторбаев Карим Масимов менен жолугушууда ушул тушта Казакстанда бажы бекетинде кармалып турган Орусиядан Кыргызстанга ташылып келаткан 30 миңдей тонна күйүүчү май маселесин көтөрдү. Бирок Масимов кандай жооп бергени, маселенин чечилип-чечилбегени белгисиз.

Кыргызстандагы “Нефтетрейдерлер” бирикмесинин жетекчи орун басары Улан Кулов кыргыз-казак премьерлеринин жолугушуусунан соң бул маселе бир жаңсыл болуп чечилет деп күтүп жатышканын айтты:

- Азырынча бизде маалымат жок. Сүйлөшө элекпиз. Бирок бизге өкмөттөн ошол маселе боюнча да сүйлөшөт деп айткан. Бирок сүйлөштүбү, же жокпу, жыйынтыгы кандай болду билбей жатабыз. Биз болгон маалыматтын баарын бергенбиз. Эки өкмөт башчы өткөрмө бекеттен көзмө-көз жолукту да. Жыйынтыгы азырынча белгисиз болуп жатат.

Ушул тушта Казакстанды болсо сугат суу маселеси тынчсыздандырып жатат. Быйыл суу тартыш болгондуктан кыргыз тарап аларга суу берүүнү эки эсе азайткан эле. Суу чарба департаментинин жетекчи орун басары Тилек Исабековдун билдиришинче, Кыргызстандын өзүндө суу тартыш болуп жаткандыктан чектегенден башка аргасы жок:

- Киров суу сактагычынан суу берүү чектелген жок. Ал жакта суу кенен эле. Жарым суу бар. Чүй суусунан кыскарттык. Секундасына 30 куб метр суу акчу эле, азыр болсо 12-13 куб метр эле алып жатат. Эми суу өзүбүзгө жетиштүү болгондо, толугу менен бермекпиз. Анан эми минтип өзүбүзгө жетпей жатса, кайдан бере алмак элек. Ишемби күнү казак премьери Масимов келгенде да сөз болду. Ал муну түшүнүү менен кабыл алды. Бирок “карап көргүлө, эки өлкөнүн тиешелүү мекемелери байкап көрүп суу кенен болуп калса берип тургула”, деди.

Эртең, 16-июлда Бишкекке казак тышкы иштер министри келет. Ерлан Идирисов Кыргызстандын тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев менен жолуккандан кийин, президент Алмазбек Атамбаевдин да кабыл алуусунда болот. Эки күндүк сапар учурунда эки өлкөнүн саясий-экономикалык, инвестиция, миграция, чек ара жана интеграциялык маселелери талкууланмакчы.

Мургабда китеп аз, компьютер жок

Мургабдын Аличор айылында китеп жетпегендиктен, балдар бири - бириникине барып, сабак даярдашат.

Кыргыз өкмөтү Мургаб менен Жерге-Талга 13500 даана окуу китептерин бөлүп жатат. Мургаб районундагы айыл мектебинин мугалими кыргыз тилинде китептер өтө тартыш экендигин бышыктады.

Тажикстандын аймагындагы 60 чакты кыргыз тилдүү мектептер болсо, көбүндө окуу китептери өтө тартыш. Мына эми кыргыз өкмөтү Мургаб менен Жерге-Талга 13500 даана окуу китептерин бөлүп жатат. Мургаб районунун Аличор айыл мектебинин баштапкы класстар боюнча мугалими Замир Назармамбетов бүгүн анын мектебинде кыргыз тилиндеги китептер өтө тартыш экендигин бышыктады.

Аличор айлы, Мургаб
Аличор айлы, Мургаб

Замир Назармамбетов: Биздин мектепте эки жүз кырк окуучу, кырк мугалим бар. Биз окуу китептерин негизинен Кыргызстандан алабыз. Тажикстан мамлекети өз каражатына Кыргызстандан китеп сатып алып бере албайт, ошондуктан биз эски китептерди пайдаланабыз. Менин классымда ондой окуучу бар. Китеп баарына толук жетпейт, эки-үчтөн отурушуп, чогуу пайдаланышат. Кечинде да бири-биринин үйлөрүнө барып, тапшырманы бир китептен аткарып, сабак окушат.

Жаңыл Жусупжан: Азыр келе турган китептер 13 миң даана деп жатышат. Бекер келет экен. Ал китептер качан жетээри азырынча белгисиз. Акыркы жолу силерге Кыргызстандан качан жана кайсы китептер келген эле?

Замир Назармамбетов: Акыркы жолу 2009-жылы келиптир. Биздин каалоо-тилегибиз Кыргызстан этникалык кыргыздарга жардам берсе. Айрыкча, мектептерди окуу-куралдары, китептер менен камсыз кылса жакшы болмок.

Аличор айлынын балдары
Аличор айлынын балдары

Жаңыл Жусупжан: Силердин айылыңардагы мектепте мугалимдер жетиштүүбү? Бардык сабактардан өзүнүн кесиби боюнча окуган мугалимдер беришеби же кээде адистиги жок болуп туруп деле сабак өтүп калышабы?

Замир Назармамбетов: Мурун мугалимдер адистиги жок болсо деле сабак беришчү. Азыр бардыгы өз адистиги менен сабак беришет. Былтыртан бери бардык сабактан берген мугалимдер толукталды деп айта алам.

Жаңыл Жусупжан: Кыргыз, тажик тилдеринен канча сааттан сабак өтүлөт?

Замир Назармамбетов: 2-класстан баштап 11-класска чейин жумасына эки сааттан тажик тилинде сабак берилет. Ал эми кыргыз тилинде бизде азыр мугалим көбөйдү - бир жумада ар бир класска бардыгы беш саат: үч саат кыргыз тил, эки саат адабият сабагы окутулат.

Жаңыл Жусупжан: Жерге-Тал менен интернеттен байланыш жокко эсе окшойт, бирок Мургаб менен байланыш жакшырып калды. Интернетте окуу куралдар болсо ошондон колдоно аласыңарбы же интернет силерде жай иштейби?

Замир Назармамбетов: Бизде азыр андай мүмкүнчүлүк жок. Биздин айылда мектепте компьютер жок, интернетке бир гана уюлдук телефондон кирип, пайдаланабыз.

Мургабда кышкысын суук, жайкысын ысык, тоо чөлүнүн климаты. Өсүмдүк дээрлик өспөйт, тамак-аш, оокат дээрлик бүт четтен, негизинен Ош жактан келет.
Мургабда кышкысын суук, жайкысын ысык, тоо чөлүнүн климаты. Өсүмдүк дээрлик өспөйт, тамак-аш, оокат дээрлик бүт четтен, негизинен Ош жактан келет.

Жаңыл Жусупжан: Эгерде силерге компьютер жагынан жардам болгондо, окуу китептерине талап азаймак. Ошондо кыргыз тили менен башка сабактарды окутууга мүмкүнчүлүк кеңейет беле? Силерде ошого күчү жете турган интернет байланышы барбы?

Замир Назармамбетов: Андай мүмкүнчүлүктөр жок. Биринчиден, компьютерлерди иштетүү үчүн керек болгон электр жарыгы такай болбойт. Эгер ушул маселе чечилсе, анан компьютер менен камсыз болсок, анда интернет аркылуу окутса болот эле.

Жаңыл Жусупжан: Жерге-Тал, Мургабга жалаң эле мугалимдер эмес башка кесиптеги адистер да керек деп жатышат. Кандай кесиптеги адамдар керек болушу мүмкүн?

Замир Назармамбетов: Азыр бизде мугалимдер көбөйүп кетти. Мындан үч-төрт жыл илгери жалаң мугалимдерге гана квота берилчү. Азыр мугалим көбөйүп кеткенинен биздин өкмөт квотаны башка кесиптерге да суранып жатыптыр. Биздин районго кайсы кесиптер керек экенин мен так билбейм, бирок көп эле кесиптер керек.

Мугалим Аличор мектебинин алдында турат.
Мугалим Аличор мектебинин алдында турат.

Кошумча маалымат:

Кыргыз окуу китептерин Тажикстандагы кыргыз мектептерине акысыз берүү боюнча Билим берүү жана илим министрлигинин атайын буйругу чыкканын “Азаттыкка” министрликтин Мектептер башкармалыгынын башкы адиси Кенжекан Усупова билдирди. Тышкы иштер министрлиги китептердин 2000 нускасын дипломатиялык почта менен, калганын унаалар менен жеткиргени жатат.

Кыргызстан Тажикстандагы кыргыз мектептерине жогорку класстар үчүн Кыргыз тили, Кыргызстан тарыхы, Кыргыз адабияты жана География китептерин жөнөтөт. СССР кыйраганга чейин Тажикстандагы бул райондордун мектептерин Кыргызстан китеп менен камсыздап, жылына ондогон жаш адистерди 2-3 жылдык стажировкага жиберип турган.

Замир Назармамбетов 32 жашта, Жалал-Абад мамлекеттик университетин 2006-жылы, башталгыч класстын мугалими деген адистикте бүтүргөн. 2007-жылдан бери Мургаб районунун алыскы Аличор айылында баштапкы класстарда сабак берет.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG