Линктер

дүйшөмбү, 22-июль, 2019 Бишкек убактысы 22:12

Борбор Азия

Мигранттар: бош калган бешик, боздогон эне

Уулунан ажыраган ата-эне бош калган бешикти көрсөтүүдө.

Орусиянын Санкт-Петербург шаарында миграциялык мыйзамдарды бузууга шектелип кармалган тажикстандык жубайлардын беш айлык ымыркайы чарчап калышы тажик тараптын нааразылыгына алып келди.

Өткөн жума күнү Санкт-Петербургдагы тажик консулдугунун алдына жүз чакты адам наристенин өлүмүн калыс иликтөө талабы менен пикетке чыкты. Москвадагы тажик элчилиги да орус тарапка бул окуяны тыкыр иликтөөнү талап кылган нота жолдоду.

Зарлап тапкан бала эле...

Санкт-Петербургдун Адмиралтейск райондук полициясы 13-октябрда тажикстандык Далер Назаров жана Зарина Юнусова аттуу эрди-катынды миграциялык мыйзамдарды бузган деген шек менен кармап, убактылуу абакка киргизет. Алар камалган учурда колундагы Умарали аттуу беш айлык ымыркайын полиция кызматкерлери алып калат.

Жубайлар кармалгандан бир канча сааттан кийин алардын ишин караган сот экөөн тең депортациялоо боюнча чечим чыгарып, өлкөдөн өз ыктыяры менен чыгып кетүүгө убакыт чектейт.

Умарали Назаров
Умарали Назаров

Соттон чыгар замат уулун издеп келген энеге полиция бөлүмүндөгүлөр бала каякта экенин айтпай коюшат. Баласын таппай айласы куруган эне акыры үйүнө кайтат. Эртеси, 14-октябрдын таңында гана ага ымыркай ооруканада чарчап калганын телефон аркылуу кабарлашат.

Алдын ала божомол боюнча, ымыркай дем алуу органдарындагы инфекциядан чарчаганы айтылууда. Бирок ата-энеси аларды полиция кармаганга чейин баласы куландан соо болгонун, эч кандай илдеттин белгилери байкалбаганын ырастап жатышат. Азырынча баланы өлүмгө алып келген жагдайлар так аныктала элек.

Беш айлык ымыркай чарчап калышына байланышкан окуя жергиликтүү коомчулукка бат эле тарап, тажик тараптын нааразылыгына алып келди. Жергиликтүү "Санкт-Петербург" телеканалы бул окуя боюнча атайын сюжет да көрсөттү. Анда кайгыга ууккан жубайлар баласынын бош калган бешигин, коляскасын көрсөтүп, полиция аларды кантип алып кетишкенин сөз кылат.

Чарчап калган ымыркайдын атасы Далер Назаров полиция кармаганга чейин баласы куландан соо, күлүп-жайнап эле отурганын да үшкүрүнө эскерет:

- Балабыз ай-күнүнө жетпей ара төрөлгөн эле. Бирок кийин торолуп кеткен. Ден соолугу жакшы болчу. Полиция кармап, бизден баланы алып калганга чейин күлүп-жайнап эле отурган. Кийин эле балабыз жок болгонун, ооруканада чарчап калганын айтышты.

Орус маалымат каражаттарынын кабарлашынча, баланын энеси Зарина Санкт-Петербургга бир жарым жыл мурда тукумсуздук илдетинен дарылануу үчүн келип, беш ай алдың ушул баланы тапкан экен. Зарлап тапкан баласынан минтип капылеттен ажырап калган эне эми айласын таппай, бош калган бешикти тунжурай карап калды. Сот чечимине ылайык, ал 15 күн ичинде Орусиядан чыгып кетиши керек.

Тажик тараптын талабы

Өткөн жума күнү Санкт-Петербургдагы тажик консулдугунун алдына жүз чакты адам наристенин өлүмүн калыс иликтөө талабы менен пикетке чыкты. Москвадагы тажик элчилиги да ушул эле күнү орус тарапка бул окуяны тыкыр иликтөөнү талап кылган нота жолдоду.

Орусиядагы тажик элчилигинин маалымат катчысы Мухаммад Эгамзод “Азаттыктын” тажик кызматына бул нотага орус Nышкы иштер министрлиги жооп узатып, анда ымыркайдын ата-энеси менен бул кайгылуу окуяга кабыргасы кайышкандардын баарына көңүл айтылганын жана Орусиянын тиешелүү органдарына бул окуяга алып келген бардык жагдайларды тез арада аныктоо өтүнүчү жолдонгону, иликтөө иштеринин жүрүшү менен тажик тарапка ыкчам маалымат берилип турары айтылганын билдирди.

Дүйшөмбү күнү болсо Орусия президентинин балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Павел Астахов да тиешелүү органдардан ымыркайдын өлүмүн тыкыр иликтөөнү талап кылганы кабарланды.

Тажикстан эң көп жараны Орусияга иш издеп кеткен Борбор Азия өлкөлөрүнүн бири. Айрым маалыматтарга караганда, Орусияда бир миллион эки жүз миңден ашуун тажик мигранты бар.

"Ислам мамлекети" балдарын согушка даярдоодо

"Ислам мамлекети" террордук тобунун согушкери Абу Айша ал-Казахи уулу Абдурахман менен

Социалдык тармактарда тараган 34 секундалык видеонун баш каарманы - “Ислам мамлекети” экстремисттик тобунун лагеринде машыгып жаткан 10 жаштагы бала. Анын чачы ийнине чейин түшүп, аскер кийимин кийген.

Абу Айша ал-Казахи деген согушкер видеону жүктөп, андагы бала өз уулу экенин билдирген. Балдардын террорчулукка машыгуусун көрсөткөн бул алгачкы видео эмес.

​Кичинекей бала тикенек зымдуу тосмолордон “Алла акбар!” деп кыйкырып жөрмөлөгн сайын анын “Ислам мамлекети” экстремисттик тобундагы “устаттары” башынан ылдый ок жаадырып, шаштысын кетирген видеосу 14-октябрда социалдык тармактарга жайылды. Жөрмөлөгөн жеткинчек Абу Айшанын Абдурахман аттуу баласына окшош. Бирок анын бети видеодо так көрсөтүлгөн эмес.

Абу Айша баласына тийиштүү Фейсбуктагы бардык комментарийлерди мурда өчүрүп салган. Акыркы бир нече айдын ичинде Артем Андреев деген ат менен таанымал Абу Айша аттуу колдонуучу кичинекей Абдурахмандын “Ислам мамлекети” террордук тобундагы “кийинки муун” экенин көрсөткөн бир нече видеотасмасын интернетке таркатты.

Интернетте жарыяланган видеодон бир көрүнүш
Интернетте жарыяланган видеодон бир көрүнүш

Айрым видеолордо аскер кийимчен, жашы онго толо элек Абдурахман ар түрдүү курал-жаракты көтөрүп “Ислам мамлекетин” жактаган ураандарды кыйкырат. Дагы бир тасмада ал колуна тапанча кармап, “Ислам мамлекети” террордук тобунун лидери Абу Бакр ал-Багдадини даңктаган ураанды чакырат.

Орус тилдүү согушкерлер арасында өз балдарын да аскерий формага кийинтүү модага айланып бараткандай. Муну менен алар “Ислам мамлекети” экстремисттик тобуна катуу берилгенин далилдегиси келишет. Бирок дагы бир кооптуу жагдай - “Ислам мамлекети" радикал тобунан тарбия алган жеткинчектер башкалардай эле согушат.

Фейсбук, “В контакте” тармактарында бир нече баракчасы бар казакстандык Абу Айша аттуу согушкер өз балдарын ИМ радикал тобунун мыйзамдары менен чоңойткусу келгенин жазат.

Казак согушкерлеринин Сириядагы лагерде машыгып жаткан балдары
Казак согушкерлеринин Сириядагы лагерде машыгып жаткан балдары

Айрым казак улутундагы согушкерлердин балдары Сирия менен Ирактагы согушкерлердин лагерлеринде машыгып жатканы тууралуу далилдер бар. Маселен, ушул эле Абу Айша ал-Казахи сентябрь айында машыгып жаткан согушкерлердин жанында аларды карап отурган казак балдардын видеосун интернетке чыгарган.

“В контакте” тармагында Абу Айша Кыргызстандан Иракка аялы, беш баласы менен барган кишинин 15 жаштагы уулу согуш талаасында өлгөнүн кабарлап, кийин бул маалыматты өчүрүп салган.

Абу Айшанын жазгандарына караганда, ал Казакстандын Атырау шаарынан, жашы отузда. Балдары менен Мосул шаарында турат. Азыр өзүнө дагы бир аял издеп жатат. Анын “Ислам мамлекети” тобу көзөмөлдөгөн аймакта канча убакыттан бери жашап жатканы белгисиз. Бирок жүктөгөн видео, сүрөттөрүнөн улам бир жылдан ашуун Мосулда жашаганын байкаса болот. Мосулга чейин ал Сирияга Стамбул аркылуу аялы, балдары менен кеткен.

КМШ Ооганстан коркунучун талкуулады

Астанадагы саммит. 16-октябрь, 2015-жыл

КМШ өлкөлөрүнүн Казакстандагы саммитинде аскерий кызматташтык концепциясына кол коюлду, ага катар президенттер эл аралык терроризмге каршы күрөшүү маселеси боюнча атайын билдирүү жасашты. Бул саммитте КМШдагы төрагалык эми Кыргызстанга өттү.

КМШнын Казакстандагы саммитине Украина, Молдова, Түркмөнстан президенттери келбеди. Бул өлкөлөрдөн байкоочу макамындагы өкүлдөр гана катышты.

2020-жылга чейин эсептелген аскерий кызматташтык концепциясына Кыргызстан, Армения, Азербайжан, Беларус, Орусия, Тажикстан, Өзбекстан президенттери гана кол койду.

Саммитте 2016-2020-жылга чек ара коопсуздугун бекемдөө боюнча кызматташтыктын жаңы программасы да кабыл алынды. Бул документ эгер КМШнын чек араларында кризистик кырдаал жаралса, аны жөнгө салуу үчүн чек ара жана башка мекемелердин тобун түзүүнү караштырат.

Бурабайдагы сегиз президент. Казакстан

Саммиттеги башкы темалардын бири - Ооганстандагы кырдаал болду.

Орус президенти Путиндин пикиринде, эгер коркунуч туулса, КМШ өлкөлөрү ага координацияланган негизде жооп берүүгө даяр болушу керек. Путин саммиттен кийинки пресс-конференцияда буларды белгиледи:

- Ооганстандагы кырдаал чынында жетер чегине жетти. Түрдүү багыттагы террорчулардын таасири артууда, алар экспансиясын кеңейтүү пландарын жашырган жок. Алардын максаттарынын бири – Борбор Азия аймагын жарып кирүү.

Сыр алдырбаган Түркмөнстан

Ооганстандын соңку айларда тынч эмес, атүгүл "Талибан" чабуулга өтүп жаткан түндүк аймактары менен Тажикстан, Өзбекстан, Түркмөнстан чектешет.

Тажикстан Ооганстандын Бадахшан, Тахар жана Кундуз провинциялары менен кесилишип, эки ортону Пяндж дарыясы бөлгөн тажик-ооган чек арасынын узундугу 1344 чакырым.

Борбор Азиядан армиясы эң көп жана коопсуздукка каражатты аябай сарптайт деген Өзбекстандын Ооганстан менен ортодон Амударья бөлгөн чек арасынын узундугу 137 чакырым.

Ооган-түркмөн чек арасы
Ооган-түркмөн чек арасы

Түркмөнстандын Ооганстан менен 745 чакырым чек арасы бар. Тажик-ооган чек арасынан айырмаланып, ал жерде тоо сыяктуу табигый тоскоолдуктар жок.

Бирок түркмөн бийликтери чек аранын ооган тарабындагы окуялар такыр эле тынчын албагандай түр көргөзүүдө.

“Азаттыктын” аймак боюнча эксперти Брюс Панниер мындай деди:

- Түркмөнстандын чек арасында коопсуздук көйгөйү бардыгын жеригенин айрым бир себептерден улам улантып жатышы таңкалычтуу. Президент Бердимухамедов алар жардам бере алат деп ойлгон айрым өлкөлөрдөн кепилдикти күтүп жаткандай. Кечээ мисалы түркмөн тышкы иштер министри Рашид Мередов Вашингтондо болду. Бирок мен алар Америка өкмөтүнөн ири аскерий жардам жана кепилдик аларына анчалык ишене албай турам. Чек ара боюнда атышуулар болгонуна карабай түркмөн бийликтерин "эң жакшы саясат - баарын жерип туруу" деген турумду карманганы мен үчүн түшүнүксүз.

Түркмөнстан өзү көз карандысыздык алгандан бери эле нейтралдуулук деген макамды карманып жүрөт. Андыктан, аскерий бирикмелерге кошулбаганы, келишимдерге кол койбогону ушуга байланыштуу. КМШнын мүчөсү болгон менен анын уставын да ратификациялаган эмес.

Казакстанга нааразылык

Казакстандагы саммитке Ашхабаддан өкмөттүн вице-премьери келди.

КМШ президенттери Ооганстандан туулган коркунуч жөнүндө айтып жатса, түркмөн президенти Гурбагулы Бердимухамедов бул күнү, мамлекеттик медиа кабарлагандай, пахта тазалоочу заводдун ачылышына катышты.

Саммит атүгүл түркмөн тарап демилгелеген дипломатиялык жаңжал менен коштолду десек да болот.

Түркмөнстандын Тышкы иштер министрлиги бүгүн казак президенти Нурсултан Назарбаевдин түркмөн-ооган чек арасындагы кырдаал боюнча айткан сөзүнө “кескин нааразылык” билдирип чыкты.

Расмий Ашхабад Назарбаевдин “биз Түркмөнстандын (Ооганстан менен) чек арасында болгон инциденттерди билебиз, ал эми Тажикстан үчүн тынчызданып турабыз” деген сөзүнө капаланды.

Түркмөн Тышкы иштер министрлиги казак президентинин айткандары чындыкка дал келбейт, Түркмөнстандын айланасындагы кырдаалга баа берүүдө “объективдүү маалыматты” жетекчиликке алышы керек деп эскертти.

Айрым маалыматтарга караганда, Түркмөнстан учурда урушка жарамдуу брондуу техникасынын, аскерлеринин 70% жакынын Ооганстан менен чек арасына жайгаштырып койгон. Президент Гурбангулы Бердимухамедов да ушул айдын башында Ташкентке барып, Ислам Каримов менен эки тараптуу сүйлөшүү өткөрүп келген.

Төрагалык Кыргызстанга өттү

Казакстандагы саммитте президенттер эл аралык терроризмге каршы күрөшүү боюнча биргелешкен билдирүү кабыл алышты. Ар түрдүү эсептерге караганда, Орусиядан жана КМШ өлкөлөрүнөн Сириядагы “Ислам мамлекети” тобунун ичинде согушуп жүргөндөрдүн саны 5 миңден 7 миңге чейин жетери айтылды.

Путин Орусиянын Сириядагы аракеттерин жана аба соккуларын мактап, Москванын өз алдында коалиция куроо ишинде жылыш бар деп ырастады.

Саммитте ошондой эле Чернобыль атомдук электр станциясындагы жарылуунун 25 жылдыгына байланыштуу кайрылуу кабыл алынды.

КМШнын келерки жыл үчүн төрагалыгы Кыргызстанга өттү. Президент Алмазбек Атамбаевдин айтымында, Кыргызстан өз төрагалыгы үчүн атайын концепция даярдап койду жана ал 2016-жылдын 16-сентябрында юбилейлик 25 - саммитти тосот.

Немис аскерлери быйыл Өзбекстанда калбайт

Ооганстанда кызмат мөөнөтү бүткөн Бундесвердин аскерлери Термезге учар алдында. 28-апрель, 2010-жыл

Германия Өзбекстандын Термез шаарындагы авиабазасын жыл соңунда жабат. База 2001-жылдан бери коңшу Ооганстандагы немис жана НАТО күчтөрүн камсыздоо үчүн пайдаланылып жүргөн.

Германия авиабазаны жапса, НАТО мурдагы советтик Борбор Азиядагы акыркы аскердик таянычы менен кош айтышат.

Термездеги Германиянын авиабазасы 2001-жылдын аяк ченинде АКШ баштаган көп улуттуу күчтөр Ооганстанга басып киргенден кийин бул операцияга катышкан НАТОнун аскерлерине көмөктөшүү максатында ачылган. Аскердик өнөктүк ошол жылы 11-сентябрда Кошмо Штаттарды солкулдаткан террордук чабуулдардан кийин башталган.

Термездеги таяныч базасы жаңы жылдан тартып жабылат деген маалыматты Германия Куралдуу күчтөрүнүн Тыш өлкөлөрдөгү операциялар боюнча командачылыгынын өкүлү Доминик Вуллер 15-октябрда тастыктады.

- Мен бул кабарды тастыктай алам. Германиянын маалымат булактары кечээ (14-октябрда - ред.) Термездеги стратегиялык авиатранспорттук пунктту жыл аягында, 31-декабрда жабуу жөнүндө чечим кабыл алынганын кабарлашты. Кээ бир аскерлер Ооганстандын Мазари-Шариф шаарындагы биздин базабызга, калгандары Германияга которулат.

Доминик Вуллер “Азаттык” радиосунун өзбек кызматына телефондон берген маегинде ушу тапта германиялык учактар Ооганстанга Термезде токтобой эле учуп жатканын да айтты. Ушундан улам авиабаза эффективдүү пайдаланбагандан улам аны жабууга туура келүүдө,- деди ал.

- Биз жүктү ушул мезгилде Ооганстанга Термезге конбостон түз эле аба менен жеткиребиз. Термез азыр запас жайга айланган. Биз аны жигердүү колдонбой калдык. Аны жапканыбыздын себеби ушунда.

Ошол эле мезгилде Вуллер немис аскерлеринин Өзбекстандын түштүк өңүрүндөгү авиабазага кайтып келүү мүмкүнчүлүгүн жокко чыгарбады.

Термездеги авиабазаны колдонгону үчүн айрым бейөкмөт уюмдар Германияны Өзбекстандагы адам укуктарынын тепселүүсүнө көңүл бурбайт деп сындап келишкен.

Ооганстандагы антитеррордук операция кызып туурган маалда ага 5350 немис аскери катышкан. Былтыр декабрда чет өлкөлүк аскерлердин негизги бөлүгү Ооганстандан чыгарылып кеткен. Ушу тапта Ооганстанда НАТОнун 12 миң 500 аскери болсо, алардын 850сү Германиядан. Калган аскерлердин көбү - 9800ү Кошмо Штаттардан. Пентагон ал аскерлердин баарын келе жаткан жылдын аягына чейин чыгарып кетүүнү мерчемдеп жаткан. Бирок ушу тапта алар 2016-жылы да Ооганстанда калары жөнүндө сөз чыкты. Мындай кеп-сөздөргө сентябрдын соңку күндөрү талиптердин Тажикстанга чектеш Кундуз шаарын кыска мөөнөткө болсо да басып алышы жана козголоңчулардын постсоветтик Борбор Азияга чектеш провинцияларда активдешүүсү түрткү берди шекилдүү.

Германия жана Өзбекстан Термездеги үстүбүздөгү жыл үчүн авиабазанын жылдык ижара акысын кандай бычышканы бүгүнгө чейин ачык жарыялана элек. Германиялык Der Spiegel жумалыгы быйыл апрелде Ташкент мурдагы 35 миллион еврону туура эки эсеге көбөйтүүнү талап кылганын кабарлаган.

2005-жылы май айында Анжиянда болгон кандуу калабадан кийин Өзбекстан Кашкадарыя облусундагы Карши-Канабад аэродромун америкалык аскерлер үчүн жапкан. Ошондон соң Германиянын Термездеги авиабазасы Өзбекстандагы Батыштын жападан-жалгыз аскер объектиси эле. Себеби, АКШнын Бишкектин “Манас” аба майданындагы авиабазаны пайдалануу мөөнөтү былтыр аяктаган. Ал эми Франциянын Дүйшөмбү аба майданындагы авиабазасы да былтыр жабылган.

Көпчүлүк серепчилер аталган эки авиабаза Москванын кысымынан улам жабылганын жоромолдошууда.

Өзбек дыйкандарынын үшүн алган "Айбалта"

Өзбекстанда мамлекеттик планды аткара албаган дыйкандын үй-мүлкү конфискацияланат

Өзбекстандын өкмөт башчысы пахта планын толтура албаган дыйкандарга карата “Айбалта” операциясын баштады. Жетиштүү түшүм алып, мерчемделген планды аткарбаган жер ээлеринин машинесин, малын мамлекет тартып алат. Өкмөттүн мындай кескин чараларынан корккон дыйкандар чет элден жумуш издөөгө аргасыз.

Өзбекстандын премьер-министри Шавкат Мирзияев 12-октябрь күнү өкмөт мүчөлөрү, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана дыйкандар менен жыйын өткөрүп, “Айбалта” аттуу мамлекеттик иш-чараны сындап, күч органдары менен акимдерди бул өнөктүккө жигердүү киришүүгө чакырды. Аты айтып тургандай эле, мерчемделген планды толтура албай калып, мамлекетке карыз болуп калган дыйкандардын мүлкүн “Айбалта” тобунун өкүлдөрү конфискациялайт.

Ушул жыйынга катышкан намангандык дыйкандардын бири “Азаттыктын” кабарчысына премьер-министр “Айбалта” тобу өз ишмердигин токтотуп койду деп катуу ачууланганын айтат:

– Ал “бизде “Айбалта” бар эмес беле, токтоосуз эртең кайра иштей баштасын! Талаага бар да, планды аткаргыла деп айт. Карыз болуп калган дыйкандын үйүнө барып машинесин, малын тартып ал. Андай мүлкү жок болсо үйүнүн чатырын чыгарып кет!” - деп соттук-аткаруучу бөлүмдүн жетекчисине бул топту жандандыруу тапшырмасын бергенин уктум.

“Айбалтанын” курамына ошол жыйындагы чечимден улам соттук-аткаруучу бөлүмдүн жана ички иштер органдары менен банктардын кызматкерлери киргенин да атын атагысы келбеген дыйкан кошумчалаган:

- Эгер дыйкандын карыз төлөгөнгө эч нерсеси жок болсо, “базарга барып кызыңды, аялыңды, карындашыңды сатып, жерден чукусаң да акчаны таап, карызыңды жап” - деп өкмөт башчысы аткаминерлерди зекигени кызык болду.

Атын атабоону суранган Жизак облусунун дагы бир дыйканы Мирзияевдин “Айбалтага” берген тапшырмаларынан кийин айылдагы жер иштеткендер мойнун бул куралдын алдына тосуп берүүдөн башка аргасы калбады" деген пикирде:

- Мунун башталганына төрт айдай болуп калды. Премьер-министр бересесин бере албаган дыйкандын үй-мүлкүн тартып алгыла деп жатат. Эгер үй-мүлкү болбосо аны алты жылга камап коёт. Азыр акимдер Мирзияевдин буйругун аткарып, дыйкандарды болушунча жазалоодо. Бул кампанияны “Айбалта” деп өзгөчө атап алышыптыр. Эми бул кокус планды аткара албай, карыз болуп калсаң биринчи сол колуңду, анан оң колуңду, акыры башыңды кыя чабат дегенди билдирет да. Бирок эч ким эмнеге план толбой калды деп сурап да койбойт. Маселен быйыл бизде сугат суу тартыш болду, бийлик талааларды суу менен жетиштүү камсыздай албады. Түшүм да аз чыкты. Муну айта баштасаң, алардын уккусу да келбейт.

Премьер-министрдин бул жыйынынан кийин жергиликтүү бийликтер да өз алдынча чогулуп “Айбалтаны” жер-жерлерде дароо баштоону макулдашышты. Наманган облусундагы “Азаттыктын” ишенимдүү булагы 13-октябрда атайын топ түзүлгөнүн кабарлады:

- Бүгүн аким шашылыш жыйын өткөрдү. Соттук-аткаруучу бөлүм, милиция, акимчилик жана юстиция кызматкерлери карыз болуп калган дыйкандардын үй-мүлкүн конфискациялаганы кетишти. Облустун бардык райондорунда ушундай топтор түзүлүп, иштей баштады деп айтып жатышат.

Өзбекстандын дыйкандары көз карандысыз делгени менен иш жүзүндө жергиликтүү бийликтин тапшырмасын кың дебей аткарышат. Пахта эгүү, анын баасы жана үрөндүн наркын бийлик гана бычып берет. Дыйкандар күйүүчү май, жер семирткичти да мамлекеттен гана сатып алууга милдеттүү.

Акыркы жылдары пахта менен үрөндүн планын толтуруп, мамлекетке бересесин бере албай калган дыйкандар болгон мүлкүн сатып, карызын жаап келишет. Айрымдары чарбасын таштап, чет элден жумуш издеп кеткенге да аргасыз.

Коңшуларды эки жаатка бөлгөн ГЭСтер

Камбар-Ата ГЭСи

Кыргызстан менен Тажикстандагы ГЭС курулуштары Борбор Азиядагы суу маселесине арналган эл аралык Милан конференциясында негизги темалардын бири болууда.

Жыйында расмий Ташкенттин ГЭС курууга каршы кезектеги билдирүүсүн орус тилдүү маалымат каражаттары байма-бай жазып жатышат. Жергиликтүү талдоочулар арасында муну кезектеги саясий оюн катары баалагандар да, маселени ачык талкууга коюу зарылдыгы бар дегендер да болууда.

Расмий Ташкент үч жылдан бери Кыргызстанда Камбар-Ата, Тажикстанда Рогун ГЭСтеринин курулуштарына тынымсыз каршылыгын билдирип келатат. Ар кыл эл аралык жыйындарда Өзбекстан өз көз карашын Казакстан менен Өзбекстанда сугат суу тартыштыгы күчөйт, аймакта кырдаалды курчуйт, долбоор эл аралык экспертизадан өтүшү керек деп негиздөөдө.

Президент Ислам Каримов Казакстанга расмий сапары маалында ГЭС курулуштарынан улам чыккан чыңалуу согушка чейин жетиши мүмкүн деп айтканын кезинде маалымат каражаттары байма-бай жазышкан.

Өзбек президенти Ислам Каримов менен түркмөн президенти Гурбангулы Бердимухаммедов
Өзбек президенти Ислам Каримов менен түркмөн президенти Гурбангулы Бердимухаммедов

Бишкек менен Ташкенттин кайчы пикирлери БУУ Башкы ассамблеясынын сентябрь жыйынында да айтылды. Акыркы жолу бул маселеге Өзбекстан менен Түркмөнстан президенттери да Ташкент жолугушуусунда кайрылып, долбоорлорду колдобой тургандыгын билдиришкенин маалымат каражаттары жазышкан.

Расмий Бишкек болсо Камбар-Ата-1 ГЭСин куруу долбоору ишке ашып кетсе, Кыргызстан үчүн эле эмес, жалпы Борбор Азияны, анын ичинде Өзбекстанды да суу менен үзгүлтүксүз жабдуу шарты түзүлөрүн айтып келатат. Президент Алмазбек Атамбаев Казакстанга сапары маалында берген маегинде Өзбекстанды кошунаны душман тутуп, жаңылыштык кетирип жатат деп, бул кошуна өлкөнү Орусия, Казакстан сыяктуу эле эл аралык долбоорго катышууга чакырган.

Эми минтип суу маселеси “Евробиримдик – Борбор Азия” деп аталган Милан конференциясында кайрадан көтөрүлүп, аны чет элдик орус тилдүү маалымат каражаттары коопсуздук өңүтүнө басым жасап жазып жатышат.

Камбар-Ата-1 ГЭСинин курулушу али күрдөөлдүү баштала элек болсо да, минтип байма-бай көтөрүлүп жатышын жергиликтүү талдоочулар кезектеги мамлекеттер ортосундагы геосаясий оюн деп баалашууда. Маселен, саясат таануучу Марс Сариевдин айтуусунда, Орусия үчүн ГЭС курулуштары эмес, ал аркылуу Борбор Азиядагы таасирдүү өлкө саналган Өзбекстанды өзүнө тартуу кызыкчылыгы күчтүү:

Вахш дарыясы. Тажикстан
Вахш дарыясы. Тажикстан

- Кыргызстанда ГЭС курууга азыр Орусиянын чамасы чакталуу. Жакынкы беш жылда курулбасы турган иш. Бирок Өзбекстан Батышка ыктап жаткан үчүн Москва ГЭС курулушу менен Ташкентке басым көрсөткүсү келет. Анткени Өзбекстан Борбор Азияда салмактуу роль ойнойт. Кремль Борбор Азиядагы транс чек ара дарыяларына ГЭС куруу аракети менен Каримовдун тилин тапканга аракет кылууда. Бул жагдайды ГЭС курал катары колдонулган саясий оюн десек болот.

Анткен менен айрым эксперттер долбоордун тынымсыз талкууга түшүп келатышы талаштуу жагдайлар бардыгынан кабар берет деп эсептешет. Экономист Эмил Үмөталиев мындай пикири менен бөлүштү:

- Ташкенттин эскертүүсүн сабырдуулук менен кабыл алып, кызуу кандуулукка алдырбай, чечүү жолдорун издегенибиз - макул. Бул долбоор коңшулар түгүл, өзүбүздөгү эксперттердин да бирдиктүү макулдугуна ээ болгон эмес. Ошондуктан сырткы, ички көз караштарды талдап дагы бир ирет бул маселени карап чыксак, прагматикалык кадам болот деп эсептейм.

Камбар-Ата-1 ГЭСин куруу долбоорун Кыргызстан менен Орусия 2013-жылдын августунда бекиткен. Эки тараптуу долбоорду ишке ашырууга мамлекеттик “ИнтерРАО” корпорациясы катышып, курулушка 2 миллиард доллар бөлүнмөк. Бул экономикалык ири долбоорду ишке ашыруунун алгачкы камылгалары жүрө баштаганы менен, Орусиянын жайбаракат мамилеси жергиликтүү коомчулукта күмөндүү пикирлердин жаралышын шарттоодо.

Эки мугалим экстремизмди жайылтты деп кармалды

Ташкенттеги Билим берүү министрлиги

Фергана облусунун Кокон шаарында “Ислам мамлекети” террордук тобунун баракчаларын таратты деген шек менен эки аял кармалды. Алар калаадагы №4 мектепте мугалим болуп иштечү.

Тартип сакчыларынын рейди учурунда мугалимдердин чөнтөк телефондорунан “Ислам мамлекети” тобунун баракчаларынын сүрөттөрү табылган.

8-октябрда Кокон шаарынын ички иштер бөлүмү анонимдүү кабар алгандан кийин №4 мектепти тинтишип, эки мугалимди кармап кетишкен.

“Азаттыктын” шаардык билим берүү башкармалыгындагы ишенимдүү булагынын айтымында, мугалимдер “Ислам мамлекети” тобунун баракчаларын таратып жүрөт деп ким кабарлаганы белгисиз.

Кимдир бирөө мектепке милицияны чакырыптыр. Мугалим болуп иштеген эки аял телефонуна Сириядагы согушкерлердин баракчаларынын сүрөтүн сактап жүрүшкөн экен. Бирөө улгайып калган эле тарых сабагынан берген мугалим. Рейд учурунда ал экөө баракчалардын кагаз нускаларын мектептеги очокко өрттөп жиберүүгө аракет кылышкан деп жатышат.

Кабарларга караганда, учурда Кокондогу №4 мектептин директорун да экстремисттик баракчаларды таратууга жол бергени үчүн жоопкерчиликке тартуу иши каралууда. 8-октябрь күнү шаардагы бардык окуу жайлар тинтүүгө алынды.

Бирок жергиликтүү бийлик Кокондо "Ислам мамлекети" террордук тобунун баракчаларынын таратылышы тууралуу эч кандай маалымат бере элек.

Эксперттердин баамында, Фергана өрөөнүндөгү ири шаарлардын бири болгон Кокондо диний маанай башка калааларга салыштырмалуу күчтүүрөк болуп келет. «Азаттыктын» кабарчылары шаардын ички иштер бөлүмү менен байланыша албай койду. Кокон шаардык ички иштер бөлүмүнүн террорчулук менен күрөшүү бөлүмүнүн кызматкерлери окуя тууралуу эч нерсе айтпады.

Бул Өзбекстанда "Ислам мамлекети" экстремисттик тобунун баракчаларын жайылткан алгачкы учур эмес.

Ушул жылдын апрель айында Ташкент облусунун Паркент районундагы №27 мектептин дубалына белгисиз бирөөлөр "мектепти жардырабыз" деп араб тилинде жазып кетишкен.

Ушундай эле жазуусу бар баракчаларды бир нече күндөн кийин аталган райондогу көп кабаттуу үйлөрдүн биринин кире беришине, балдар бакчасына, Транспорт жана кызмат коллежинин аймагына жабыштырышкан.

Тартип сакчылары рейд жүргүзүп үч шектүү кармалып, Өзбекстандын бардык окуу жайларында коопсуздук чаралары күчөтүлгөн.

Жыл башында Ташкенттин Жаңы-Жол району менен Бухаранын мектептеринин бирине «Ислам мамлекети» тобунун туусуна окшош кара желектерди илишкен. 2014-жылдын августунда Ташкенттеги Юнусабад көпүрөсүнө илинген кара желектен улам өлкөдө массалык рейддер башталган эле.

Өзбекстан: көчөт кыздарга кол салуулар көбөйдү

Өзбекстанда соңку кезде секелек кыздар зордуктоого кабылган учурлар көбөйүүдө. Мындай кылмыштын акыркысы өткөн айда Анжиян облусунда катталды. 5-класстын окуучусун зордуктап, эс-учунан танганча сабоого шектелген киши кармалып, азыр тергөө уланууда.

Өзбек дарыгерлери зордукталганы аз келгенсип катуу сабалган чала жан кыздын өмүрүн сактап калышты. Анжиян облусунун Балыкчы районундагы мектептердин биринде 5-класста окуган кыз өз айылына жакын талаада зордуктоого кабылган.

Жергиликтүү бир тургундун “Азаттыктын” өзбек кызматына айтышынча, бул окуя 17-сентябрда болгон.

- Окуя Алимбек айылына чектеш Ахунбабаев чарбасынын талаасында болгон. Алимбектик эки секелек ошо күнү талаага коон-дарбыз сатып алганы барган экен. Ошол жерде мас абалда жүргөн кошуна Ободмахалла кыштагында жашаган 36 жаштагы Латифжан деген жигит бул кыздарга көзү түшүп калат. Анан алардын бирине эки миң сум берип, “сен тигил жактан коон алып кел, мен досуңа бул жактан дарбыз алып берем”, - деп алдайт. Шериги кеткен соң жалгыз калган кызды оолагырак жердеги арыкка алып түшүп зордуктайт. Кийин кызды эстен танганча сабап, качып кетет.

Анан коон алганы кеткен экинчи кыз келип эле шеригин таппай кайсалап калат.

- Досун таппаган экинчи кыз чуркап барып, үйдөгүлөргө кабар берет. Кийин секелек кызды арыктын ичинде чала жан жаткан абалында таап, дароо ооруканага алып барышат. Дарыгерлер ага гинекологиялык операция жасап, өмүрүн сактап калышат.

Бул кабарды уккан милиция түп көтөрүлө издеп, ошол эле түнү кылмышка шектүү кишини кармашат. Ал мурда уурулук үчүн соттолгон, 36 жаштагы Латифжан деген киши болуп чыгат. Жабырланган кыздын шериги милицияга алып келинген бир канча кишинин арасынан аны дароо тааныйт. Айыл тургундары бул ишке шектелип кармалган адам үй-бүлөлүү экенин, эки баласы бардыгын айтышкан.

Анжияндагы Балыкчы райондук ички иштер бөлүмүнөн “Азаттыктын” өзбек кызматына шектүү киши азыр камакта экенин, тергөө уланып жатканын ырасташты.

Өзбекстанда быйыл жыл башынан бери эле бойго жетелек кыздарды зордуктан бир канча учур катталган. Маселен, Жизак облусунун Бахмал районунда 19-майда 2-класста окуган кыз жоголуп, эки күндөн соң сөөгү табылган. Кийин 9 жаштагы бул кыз зордукталып, анан муунтулуп өлтүрүлгөнү, белгисиз зөөкүр анын сөөгүн аңга таштап кеткени белгилүү болот.

27-июлда болсо Самаркандын бир айылынын эли 63 жаштагы бир тургунду 17 жаштагы кызды зордуктоого шектеп, айылдан көчүп кетүүгө мажбурлашкан. Анын үйүнө бастырып кирген топ өз алдынча “сот кылып”, айылдашын урук-тууганы менен башка жакка көчүп кетүүсүн талап кылган. Өзүнө байланышкан окуя бүт айылга дүң болгонуна намыстанган кыз бул окуядан төрт күндөн кийин өзүн асып салган.

Август айында болсо Каракалпакстандын Шуманай районунда милиция кызматкери тарабынан зордуктоого кабылган дагы бир жаш кыз намысына чыдабай, уксус ичип, дарыгерлер анын өмүрүн сактап калган.

Кремл Рахмонго "алтын капасты" сунуштайбы?

Эмомали Рахмон менен Владимир Путин

Орусиянын Коргоо министрлиги Тажикстанда жайгашкан аскердик базанын согуштук мүмкүнчүлүктөрүн күчтөндүрөрүн билдирди. Атап айтканда, борбор шаар Дүйшөмбүнүн четиндеги аэродромго кошумча тик учактар жайгаштырылмакчы.

"Интерфакс" агенттиги Орусиянын Коргоо министрлигине таянып жазганына караганда, тажик жергесиндеги 201-базага Ми-24П жана транспорттук-согуштук Ми-8МТВ тик учактары жөнөтүлмөкчү.

Министрликтин өкүлдөрү жаңы авиатоп Дүйшөмбүгө 30 чакырымдай жакын жайгашкан Гисар районундагы «Айни» аэродромунда орун аларын тактай кетишти.

Тик учактар жүктөрдү ташуу, аскер кербендерин асмандан коргоо, тактикалык аба десанттарды таштоо, жарадар жана оорукчан адамдарды эвакуациялап, инженердик чалгындоону жүргүзүү иштерине тартылмакчы.

Маалыматтарга караганда, базаны күчтөндүрүү чечими Орусия менен Тажикстан президенттеринин 6-октябрда Сочидеги жолугушуусунан кийин кабыл алынды.

Ал эми Эмомали Рахмондун маалымат кызматы кездешүүдө достук мамилелерди жана алакаларды чыңдоо тууралуу сөз жүргөнүн билдирген.

Рахмон ошондой эле Тажикстан менен чектеш Ооганстандагы кырдаалдын улам начарлап баратканына камтамасын ортого салып, региондогу коопсуздукту камсыздоо маселесин талкуулоону сунуш кылганы маалымдалды. Президенттин айтуусунда, орток чек ара аймагындагы 60% жакын жеринде оогандыктардын уруштары уланууда.

Мындан бир нече күн илгери Ооганстандагы талип согушкерлери Тажикстан менен чектешкен Кундуз провинциясынын борбор шаарын ээлеп алышкан, ооган аскерлери ири операциядан кийин гана шаарды кайра кайтарып алды.

Орусиялык саясат таануучу Алексей Малашенко Тажикстандагы акыркы ички окуяларды эске алганда президент Рахмондун тынчсыздануусун түшүнсө болот дейт:

- Рахмон ички абал оңой эместигин түшүнүп, сырттан колдоо издеп жатат. Андай колдоо Орусиядан гана болору түшүнүктүү. Путин да буга кызыкдар. Биринчиден, ал Орусияны бүгүн коңшуларын коргоого, стабилдүүлүктү орнотууга кудуреттүү держава катары көргөзүүгө аракеттенип келатат. Ал эми ошол стабилдүүлүктү сактап калуу үчүн өзүңөр көрүп жатасыңар эмне жасалып атканын. Кыскасы, Тажикстандагы азыркы олку-солкулар Москванын гана кызыкчылыгына жооп берет. Москва Тажикстанга керек. Болгондо да аскердик мааниде керек, деп айтат элем.

Айрым аналитиктер расмий Дүйшөмбү Евразия экономикалык биримдигине мүчө болуп кирүү үчүн орусиялык аскерлердин тажик чек араларына кайтуусуна макул болушу мүмкүн экендигин билдиришүүдө.

Малашенко орусиялык аскерлердин чек арага кайтуусу тууралуу кеп жүрүп жатабы же жокпу билбейм, бирок Рахмонду колдоо үчүн өлкөнүн биримдикке кошулуусу шарт экени күмөнсүз дейт:

- Албетте, Рахмон адатынча көз карандысыздык, көп векторлуу саясат жөнүндө айтат. Бул сөздөрдү Борбор Азиядагы жетекчилердин бардыгы кайталап келатышат. Орусия так шарт коюп жатат: коопсуздукту камсыздайбыз жана кээде акчалай да жардам беребиз. Мындайча айтканда, Москва Рахмонго Евразия экономикалык биримдик деп аталган "алтын капасты" сунуш кылып жатат.

Кореяда киши өлтүргөн эки өзбек изделүүдө

Түштүк Кореядагы өзбекстандыктар Курман айтта мечитте отурушат. Сүрөттөгү адамдардын макаладагы окуя тиешеси жок. 2015-жыл

Сеулга жакын дыйкан чарбалардын биринде эки өзбекстандык Түштүк Кореянын атуулун өлтүрүп, 28 миң долларга чукул акчасын алып качып кеткени кабарланууда. Кылмышка шектүү мигранттар азыр эл аралык издөөдө.

Түштүк Кореянын MBC баштаган бир нече телеканалы Сеулга жакын жайгашкан Кенгидо аттуу аймакта эки өзбек мигрант аларды ишке алган адамды кыйнап өлтүрүп, сөөгүн ошол эле талаага көмүп, бир нече миң долларын карактап качканын кабарлашты. Бул окуя 25-сентябрь күнү болгон.

Мигранттардын колунан өлгөн жер ээси 50 жашта болчу. Кореянын МВС телеканалында велосипедчен эки киши калаадагы банкоматтан акча чыгарып жатканы көрсөтүлдү. Аларга акча чыгарганга жардамдашкан дагы бирөө кармалып, азыр сурак берип жатат.

Кенгидо аймактык полициясы кылмышка шектүүлөр 30-сентябрда Инчуан эл аралык аэропортунан Ташкенге учуп кетишкенин журналисттерге айткан.

“Азаттык” маалымат алуу үчүн Өзбекстандын Түштүк Кореядагы элчилигине кайрылды. Бирок жооп болгон жок.

Кенгидо аймагындагы өзбекстандык ишенимдүү булактын “Азаттыкка” айтуусунда, шектүүлөрдүн ким экени аныкталып, азыр Интерпол аркылуу издөөгө берилди. Тергөө амалдары жүрүп жаткандыктан алардын ысымдары атала элек.

Кореяда иштеп жүргөн өзбек мигранттарынын бири бул окуя алардын беделине шек келтиргенин айтты:

- Абдан чоң ызы-чуу чыкты. Укканыма караганда балдар самаркандык экен. Алгач бирөө фермерге жалданып иштеген. Беш күндөн кийин, 25-сентябрда анын шериги да барып, ишке кирип, ошол эле күнү кореялык иш берүүчүнү өлтүрүшкөн. Кошуналары ошентип айтып жатышат. 26-27-сентябрда Кореяда улуттук Чхусок деген майрам эле. Ошондон улам алар полициядан качып кутулушкан да.

Мигранттын айтуусунда, маркумдун жакындары полицияга 26-сентябрда түштөн кийин анын жоголгонун кабарлашкан.

Сеулда иштеп жүргөн мигрант Абдусаттордун маалымдашынча, киши өлтүрүүгө шектелгендерге банкоматтан акча которууга жардам берген адамдын да Өзбекстандын атуулу экени тууралуу бейрасмий маалымат бар:

- Телевизордон көрсөтүштү. Алар кореялык дыйканды өлтүрөрдүн алдында кыйнап, банк эсебинин сыр сандарын айттырып алышкан. Анан банкоматтан акчасын чыгарышып, дагы калган акчасын бирөөнүн жардамы менен Өзбекстандагы эсебине которушкан. Аларга жардам берген, азыр полицияда суракта жаткан адам өзбек ишкери экени айтылууда.

Өзбекстан менен Түштүк Кореянын Эмгек жана социалдык коргоо министрликтеринин 2007-жылдагы макулдашылган келишими боюнча, Кореяга барып иштеген эмгек мигранттарынын саны 22,5 миң кишиге жеткен. Бирок азыр алардын 15 миңи калган.

Үч баласын өлтүргөн келин ооруканада

Саломат Пированын балдары Алишер менен Садбарг

Тажикстандагы райондордун биринде төрөттөн кийинки депрессиядан айыга албаган жана жакыр жашаган аял үч баласын дарыяга ыргытып, өзү да агып кетерде ошол жердеги дыйкандар сактап калышкан. Өлкөдө бул окуя катуу талкууга алынууда.

Саломат Пирова төрт жана эки жаштагы уулдары Алишер менен Садбаргды жана алты айлык кызы Сумаяны Вахш дарыясына ыргыткан. Алардын артынан өзү да сууга чөгүп өлүүгө аракет кылганда айылдаштары сактап калган. Балдарды аман алып калууга мүмкүн болбоду. Саломат учурда психиатриялык ооруканада дарыланууда.

Саломаттын күйөөсү Ахлиддин Абдуллоев болсо ата-энесинин үйүндө жашап жатат. Себеби келинчеги сууга бой таштардын алдында үйүн да өрттөп жиберген экен. Анын үстүнө "ал жакка кайтып барсам, өзүмдү кармай албай, дагы бирдин ичинен чыгамбы" деп коркот.

Табыптан даба издешип...

Ахлиддиндин ата-энеси да бул кайгылуу окуя үчүн өздөрүн күнөөлүү сезишүүдө. Алар келин төрөттөн кийин депрессияга кабылып, оңоло албай жүргөнүн билишкен. Бирок өзү эле сакайып кетет дешип, дарыгерлерге кайрылышкан эмес.

Саломаттын атасы Рустам Пиров дарыгерлер менен заманбап дарыларга ишенбей, кызын элдик ыкмага салып, табыпка алып барган экен.

- Мен аны бир табыпка алып барып, дем салдыргам. Дем салса шыпаа болобу деп ойлогом. Ушундай окуя болуп кетерин кайдан билдим... Болбосо аны ооруканага жаткырмак экенбиз.

Саломаттын кайын атасы менен күйөөсү анын оорусуна карабай, каргашаны алдын алса болот эле дешет. Эгерде айылдагы коррупция тоскоол болбой, аларга кыштактан 6 сотых жер берилсе, жигит ата-энесине жакын жерге үй курмак экен. Келинге кайындары көз салып, бул кырсык болмок эмес дешет.

- Колубузда жер тилкесин алганыбыз тууралуу президенттин күбөлүгү бар. Бирок айылдын аткаминерлери жерди мыйзамсыз, өз туугандарына таркатып беришти. Эки жыл чуркасам да майнап чыккан жок. Аларга акча керек эле. Бирок менин акчам жок болчу, - деди Ахлиддиндин атасы Сухроб Абдуллоев.

Атасынын үйүнө батпаган жаш жубайлар жайкысын дарбыз тигүү үчүн ижарага алган талаага кичинекей баш калка салышкан. Бирок быйыл түшүм начар болуп, үй ээси шаарга барып иштеп, акча тапканы кеткен. Келинчеги балдары менен үйдө калган. Алар жашаган жерге жетүү абдан кыйын. “Азаттыктын” кабарчыларынын машинеси ылайга тыгылып отуруп, кыштактан 400 метр алыстагы талаага араң жетти.

Чакан каанада электр жарыгы, төшөк, жада калса от жаккыдай очок да жок. Саломат бул үйдө майда балдары менен жети күн жалгыз жашап, сегизинчи күнү каргашалуу окуя болгон.

Балким жумушсуздук, оор абал, талаадагы кара жумуш, адам чыдай алгыс жашоо-шарт Саломатты ушундай кадамга түрткөндүр. Бирок мындай турмуш Тажикстан үчүн жаңылык эмес. Расмий маалыматтар боюнча калктын 30 процентке чукулу жакырчылыкта жашайт. Миллиондон ашуун тажикстандык өз мекенинен иш таба албай, чет элге кеткен. Тажикстанда жакшы турак жайдын баасы он миңдеген долларды чапчыйт. Эгерде бюджеттик мекемелерде иштесе, бир адамдын жылдык орточо кирешеси эки миң долларга араң жетет.

Эми психиатриялык ооруканадан чыккандан кийин Саломат кайра эле кайындарынын үйүнө, баягы эле жакырчылыкка жана өзү өлтүргөн балдарын эске салган чыныгы турмушка кайтып барат.

Депрессиядан кыйналган келин үч баласын өлтүрдү
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:38 0:00

Депрессиядан кыйналган келин үч баласын өлтүрдү

Депрессиядан кыйналган келин үч баласын өлтүрдү
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:38 0:00

Сириядагы тажик келиндин жан соогасы

Сириядагы согушкерлер

Сириядагы террорчулардын торуна чалынып калганын айткан тажик келин Тажикстанда калган күйөөсүнө эптеп айласын таап, тез арада алып кетүүнү өтүнгөн кат жолдоду.

Ал согушкерлер жанкечтиликке даярдап жатканын, өзүн курмандыкка чалуу кезеги жакындап калганын баса белгилеген.

Тажикстандык Маржона Аланазарова аттуу 27 жаштагы келин 2014-жылдын сентябрында үч баласы менен Москвада жашаган таэжесиникине келип, тигүү ишканасына жумушка кирет. Бирок Тажикстанда калган күйөөсүнө эч ооз ачпастан, быйыл сентябрдын башында Сирияга жол тартат. Үч баласын болсо Москвадагы таэжесине калтырат.

"Жанкечтиликке барчу кезек келатат"

Ошентип Маржона “Ислам мамлекети” экстремисттик тобунун катарына кошулгандан көп өтпөй, 15-сентябрда интернеттеги “Одоклассники” социалдык тармагы аркылуу күйөөсү менен байланышып, тезинен эптеп Тажикстанга алып кетүүнү, болбосо согушкерлер аны жанкечтиликке даярдап жатканын айтат.

Тажикстандын Шахритус районунда жашаган анын күйөөсү Фарух Аланазаров аялы Сирияга азгырылып кеткенин билген соң жергиликтүү бийликке кайрылат. Ал Шахритуста зер дүкөнү бар экенин, үй-бүлөсүндө сырттан жумуш издеп кетүүгө эч кандай муктаждык болбогонун, аялы Москвадагы эжесиникине барам деп туруп алгандыктан аргасыздан макул болуп, балдарын кошо жөнөткөнүнө токтолду:

- Ал былтыр Москвага кеткен эле. Таэжесиникине баргандыктан мен ага ишенген элем. Ошол жакта жүрүп Сирияга азгыргандардын торуна чалдыгыптыр. Ага жакшы төлөнгөн жумуш убада кылышкан экен. Азыр балдарым мени менен үйдө.

Фарух ошондой эле аялы өзү менен чогуу жүргөн бир аял жанкечтилик чабуул жасап мерт болгонун, эми анын кезеги жакындап калганын айтып, жан соога сураганын кошумчалады. Тажик бийликтери ага Москвадан балдарын алып келүүгө жардам бергени менен аялын кайтарып келүү өтүнүчүнө эч кандай убада берген эмес.

Аталган райондун акимчилиги 27 жаштагы Маржона Аланазарованын чын эле Сирияда жүргөнүн, азыр мекенине кайтып келген жети жаштагы чоң уулу Москванын бир мектебинде окуганын, беш жана эки жаштагы калган балдары бала бакчага барып турганын ырастады. Фарух Аланазаровдун өзүн Мавжуда деп тааныштарган бир кошунасы мындай кабарга аң-таң болуп турганын жашырган жок:

- Кошунабыз өздөрүнө тың, байгер үй-бүлөлөрдүн бири. Биринен-бири татынакай, үч баласы да бар. Маржона Сирияга кантип кетип калганына жана анын бул кылыгына аябай таң калып турабыз.

Шахритус райондук прокуратурасынан болсо Маржона Аланазарованын туугандары суралып, бардык документтери топтолгонун, азырынча мындан ашык маалымат бере албастыгын билдиришти.

Бирок райондук бийликтин жаштар иши, спорт жана туризм боюнча бөлүмүнүн адиси Муродбек Давлатов бул аял интернет аркылуу күйөөсүнөн жардам сурап кайрылганынан кабары бардыгын айтат:

- Ал “Одноклассники” сайты аркылуу бул жакта калган күйөөсү менен байланышып, эптеп алып кетпесең болбойт деп жалынып жалбарыптыр. Жанында жүргөн бир тажик аял жанкечтиликтин курмандыгы болгонун, кийинки кезек аныкы экенин да айтыптыр.

Бирок райондук бийликтин өкүлү Маржонанын сөзүнө таянып айтып жаткан жанкечтиликке барган тажик аял тууралуу башка эч кандай маалымат жок.

Расмий маалыматтарга караганда, Тажикстандын Шахритус районунан 20 чакты тургуну Сирия менен Ирактын бир канча бөлүгүн ээлеп алган “Ислам мамлекети” экстремисттик тобунун катарына кошулуп кеткен. Алардын ичинен Парвиз Набиев менен Мавзуна Мурзаева аттуу эки тургун жарым жолдон – Түркиядан кайтарылган. Тажик бийликтери кийинчерээк аларды мунапыс менен бошоткон.

Бир үй-бүлөдөн сегиз жан Сирияда

Мунун алдында Тажикстанда бир эле үй-бүлөдөн сегиз жан Сириядагы согушка кеткени белгилүү болгон. Хатлон облусундагы Кубодиен районунда жашаган Шариф Ширбековдун үч уулу, бир келини жана төрт небереси акыркы бир жарым жыл ичинде биринин артынан бири Сирияга кетип калышкан. 60 жаштагы Шариф аксакалдын айтымында, алардын баары Орусия аркылуу кетишкен. Азыр ал балдарынан эч кандай кат-кабар жок. Ал Орусияда иштеп жүргөн балдары өзбекстандык мигранттардын торуна чалынган болушу мүмкүн деп боолголойт.

Ширбеков өзү өзбек тилдүү үй-бүлөдөн. Мына ушул тил жагынан жакындык балдарын Наманган менен Анжияндан барган өзбек мигранттары менен байланышууга түрткү берип, акыры алардын тузагына илинсе керек деп ойлойт.

Шариф аксакалдын 7 баласы – 5 уулу жана 2 кызы бар. Анын үч уулу азыр Сирияда. 30 жаштагы чоң уулу аялы менен төрт баласын да кошо ала кеткен. 25 жаштагы Абубакр менен 20 жаштагы Рахматулло деген уулдары өздөрү кетишкен.

“Азаттыктын” тажик кызматынын кабарчысы Шариф Ширбековдун үйүнө барган учурда Абубакрдын келинчеги пахта талаасында экен. Рахматуллонун аялы болсо үй түйшүгү менен алектенип жүрүптүр. Алар маектешүүдөн караманча баш тарткан.

Шариф аксакал болсо уулу Умар 8-кластты бүткөн соң, 15 жылдай мурда Орусияга иш издеп кетип, кийин Сирияга кетип калганын муңкана айтып орду:

- Ал бир канча жыл өзбекстандык мигранттар менен бир батирде чогуу жашап, намаз окуганды үйрөнөт. Кийин кимдир бирөөлөрдүн сөзүнө кирип, Сирияга кетиптир. Ал бир жолу телефондон сүйлөшкөндө бирөөлөр ага “бул дүйнө жалган, дүйнөнүн бардык мусулмандары чогула турган "Ислам мамлекетин" курабыз” деп айтып жатышканын, өзү да ошол жакка барууну самап жатканын айтты. Анан биз каршы болгонубузга карабай кетип калыптыр.

Шариф Ширбековдун айтымында, уулу Умар ошентип 2014-жылдын башында үй-бүлөсү менен Сирияга кетет. Эки айдан кийин кийинки уулу Абубакр, төрт айдан кийин дагы бир уулу Рахматулла агасынын артынан жол тартат. Рахматулло бирок агаларынан айырмаланып, Сирияга жихадга кетип жатканын ачык айтат.

“Уулум, андай кылба, энең бул жакта көз жашы токтобой калды, жаш аялың менен кичинекей кызыңды ойло дегениме карабай, агаларым чакырып жатат деп кетип калды” дейт зар какшаган ата.

Азыр эми ал балдарынан эч кандай кабар жок. Сирияга кеткен бул үч бир туугандын тең жогорку билим жок эле, армияга да барган эмес. Орусияда алар негизинен курулушта иштеп, көчө шыпырып жан бакчу.

60 жаштагы ата өзү айдоочу болуп иштейт. Бирок тапканы айдан айга араң жетерин, Сирияга кеткен эки баласынын үй-бүлөсүн багуу да анын мойнуна түшкөнүн айтат. Кемпири болсо балдары Сирияга кеткен соң ооруга чалдыгып, азыр такай дарыгерлердин көзөмөлүндө. Эми бул ата-эне Сирияга кеткен балдары аман-эсен келишин Кудайдан тиленип, үмүттүү жол карап отурушат.

Өлкө бийликтери болсо Сирия менен Ирактын бир канча бөлүгүн ээлеп алган, өздөрүн “Ислам мамлекети” деп атаган экстремисттик топтун курамына тажик жарандары да кошулуп жатышына катуу кабатыр.

Жогоруда сөз болгон Шариф Ширбеков жашаган Кубодиен районунун бийлиги аймактын 10 тургуну азыр Сириядагы согушка катышып жүргөнүн, айрымдары үй-бүлөсү менен кошо кеткенин билдирди. Тажикстан боюнча жалпысынан беш жүздөн ашуун жаран Сирия менен Ирактагы согушка кеткени, алардын 200 чактысы туулган жеринен миңдеген чакырым алыстагы ошол араб өлкөлөрүндө сөөгү сөпөт болгону буга чейин расмий кабарланган.

Пахтадан качкан өзбек жылдыздары жазаланат

Шухрат Аббасовдун тасмасынан бир көрүнүш

Өзбекстандагы пахта терүү өнөктүгүнө өлкөнүн кино, эстрада жылдыздары да чыгышты. Эмгек талаасынан качкандар административдик жаза алат деген эскертүү берилди. Айрым жылдыздар мындай мүмкүнчүлүктү колдон чыгарбай, иштеп жүргөн учурларын сүрөткө тартып социалдык тармактарга да жүктөгөнгө жетишти.

Өткөн дем алыш күндөрү “Өзбекфильм” киностудиясы, “Өзбеккино” мамлекеттик акционердик компаниясына жогорудан телефон чалышып, бардык кызматкерлер милдеттүү түрдө Ташкент облусундагы дыйкан чарбаларынын пахта талааларына чыгышы керек деген буйрук берилген. Бул тууралуу “Азаттыкка” аталган киностудиядан ишенимдүү булак кабарлады:

- Аларга катуу тапшырма берилди. Ишемби күнү эртең менен баарыбызды автобуска салып, пахта талааларына алып чыгышты. Уятка калтырбай түшкө чейин ар бирибизди 30 килден пахта чогулткула деп айтышты. Мурда киноактерлор талааларга жумушчуларга жолукканы эле барышчу. Бул ирет пахта тергенге мажбурлашты.

Фарход жана Ширин
Фарход жана Ширин

Пахта жыйымына Өзбекстандагы атактуу “Темир аял” тасмасынын режиссеру Исамат Эргашов да барган. Ал жогоруда аты аталган тасмасында өзбектерди кыйнап пахта терүүнүн келекелеген учуру бар. Кызыгы быйыл аны Наманган облусуна пахта тергенге күчтөп жиберишти:

- Исамат Эргашов Уйчин районуна пахта тергени кетти. Ал жактан Пап районуна барат. Балким силер уккандырсыңар, Пап районунун акими жакында эле “Баарыңарды талаада күтөм!” деген аталыштагы макала жарыялап, өнөрпоздорду пахта жыйганга чакырган. Ушул чакырыкка жооп иретинде киночу Наманган облусуна кетти.

“Өзбекфильмдеги” “Азаттыкка” анонимдүү маалымат берген булак кадрлар бөлүмүндө пахтага чыкпаган өнөрпоздордун кара тизмеси түзүлгөнүн айтат:

- Кадрлар бөлүмүндө пахтага чыкпай койгон киночулардын "кара тизмеси" түзүлдү. Кийин роль бөлүштүрүү жана кастинг учурунда "кара тизмеге" түшкөндөргө кыйын болуп калат.

Мурда дагы пахтага чыкпаган ырчылардын лицензиясын алып салуу тажрыйбаланган. Маселен былтыр Өзбекстандагы Жасур Умер аттуу ырчы өнөктүккө чыкпай койгону үчүн сындалып, лицензиясы алынган.

Озодбек Назарбеков пахта жыйымы учурунда
Озодбек Назарбеков пахта жыйымы учурунда

Ал ортодо пахта талаалары өзбек жылдыздары үчүн мактануучу жаңы аренага айланды. Маселен ырчы Озодбек Назарбаев колуна алтын саат тагынып, кымбат баалуу кийим кийип, пахта терген сүрөтүн социалдык тармактарга киргизген.

Ушундай эле сүрөттөрүн өзбек эстрадасынын жылдыздары Зилола Мусаева, Шахзода, Толибжон Исраилов жана Азиза Ниязметова да жүктөгөн. Мындан тышкары өлкөдө атактуу делген Фарход менен Ширин дуэти күнүнө 60 килден пахта терип жатабыз деп мактанган сүрөтүн соцтармактарга илишкен.

Ырчыларды пахта жыйноого тартуу үчүн “Өзбекнаво” эстрадалык бирикмеси “Ак жол силерге, пахтакорлор!” аттуу өнөктүк баштап, активдүү ырчыларга сыйлык бермей болду.

Ак була жыйымына театрлардын эмгек жамааттары да артисттери менен кошо чыгышкан. Бийлик мектеп окуучуларын пахта теримден бошоткондон бери бул түйшүк бала бакча тарбиячылары, мектеп, орто жана жогорку окуу жайдын мугалимдери, завод, фабрика сыяктуу бардык мамлекеттик ишканалардын кызматкерлерине оодарылды.

БУУ жыйынында ГЭС маселеси кайрадан көтөрүлдү

Камбар-Ата 2 ГЭСинин курулушунан бир көрүнүш

Кыргызстандагы ГЭСтердин курулушу Борбор Азияда экологиялык кооптонууну жаратып, социалдык-экономикалык каатчылыкка алып келет. Мындай билдирүүнү БУУнун саммитинде Өзбекстандын тышкы иштер министри жасады.

Акыркы үч жылдан бери Өзбекстан Бириккен Улуттар Уюмунун жылдык саммитинде суу маселесин тынбай көтөрүп келет.

Кыргызстан жана Тажикстандагы ГЭСтердин курулушуна караманча каршы чыккан Өзбекстан, жогорку трибунадан долбоорлордун ишке ашышы Борбор Азияда чыңалууну күчөтүп, туруксуздукка алып келерин айтууда.

БУУ трибунасынан айтылган доомат

Быйылкы саммитте дагы эски сөздү жандандырган Өзбекстандын тышкы иштер министри Абдулазиз Камилов алгач Арал деңизинин соолушу менен 5 млн. гектардан ашык туздуу чөл пайда болгонун айтып, Борбор Азия өлкөлөрүндө миллиондогон адамдардын генофонду бузулганын белгиледи.

Өзбек министри сөзүнүн аягында ушундай эле ири экологиялык кырсык Кыргызстан жана Тажикстандагы ГЭСтердин курулушунан да болорун билдирди.

- Биз Кыргызстан жана Тажикстанда курулууга демилгеленип жаткан гиганттык плотиналарга жол бербейбиз. Себеби анын арты менен миллиондогон адамдын суу менен камсыз болуу маселеси курчуйт. Алар кылымдар бою аккан суу менен жашап келишкен. Биз аймакта экологиялык коопчулук пайда болорун жокко чыгарбайбыз. Буга байланыштуу ГЭСтердин курулушуна эл аралык баа берилүүсү тийиш.

Өз кезегинде саммитте Кыргызстандын жообу көпкө күттүргөн жок. Кыргыз делегациясынын жетектеп барган тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев эл аралык эксперттердин эсептөөсү боюнча Кыргызстандагы мөңгүлөрдүн саны 2025-жылга 40 пайызга кыскарарын айтты. Натыйжада Орто Азиядагы туруктуулукту мөңгү сууларын сактап калуу менен чечсе болоорун белгилеп, бул жаатта гидроэнергетика тармагынын маанисине токтолду.

- Таза суу дүйнөдө болжолдонгондон да тез тартыш боло баштады. Бүгүнкү күндө суу – гуманитардык, экологиялык гана эмес, экономикалык өзгөрүүлөргө дуушар болууда. Ошондуктан Кыргызстан суу ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу демилгесин көтөрүп келет. Аймактагы туруктуу өнүгүүнү жана “жашыл” экономиканы гидроэнергетика тармагы гана орното алат. Биз суу ресурсу менен гидроэнергетиканы бөлүп карабашыбыз керек.

Өз ара пикир келишмейинче БУУдан пайда аз

Камбар-Ата-1 ГЭСинин курулушуна Өзбекстан бир тараптуу каршылыгын көрсөтүп, сүйлөшүүлөргө да отурбай келет. Бул маселе боюнча коңшу өлкө бир катар эл аралык уюмдарга кайрылып, БУУнун жылдык сессияларында да байма-бай баяндамасына тиркеп жүрөт.

Мурдагы тышкы иштер министри Аликбек Жекшенкулов кошуналар менен маселе чечилмейинче, БУУнун трибунасындагы сөздөр таасирсиз экенин белгилейт.

- Качан гана биз өз кошуна өлкөлөр менен бир пикирге келгенден кийин БУУ бул маселе боюнча резолюция кабыл алып берет. Себеби суу маселеси Борбор Азиядагы аймактык коопсуздукка чоң таасирин тийгизет. Бул жерде жалгыз Өзбекстан эмес, Казакстан, Түркмөнстан жана башка өлкөлөрдүн позициясы керек. Андыктан маселени канча көтөрбөсүн БУУнун саммити баары бир натыйжасын бере албайт.

Кыргыз адистери ГЭСтердин курулушунда Өзбекстан туура эмес маалымат менен камсыз болуп калганын белгилешет. Эмгек сиңирген энергетик Жамалбек Түлөбердиев Нарын дарыясына ири көлөмдө ГЭСтерди куруунун зыянсыздыгы совет доорунда эле далилденгенине токтолот. Ардагер энергетик Камбар-Ата-1 ГЭСинин курулушу менен суунун берилиши чектелип, дарыянын төмөн жагындагылар жабыркайт дегенге илимий далил жок деп эсептегендерден.

- Нарын дарыясына курула турган ГЭСтердин курулушунун зыянсыздыгы союз мезгилинде эле изилденип, далилденген. Эгерде зыяны болсо, буга бизди Москвадан көзөмөлдөп турган илимий изилдөө институттары жол бермек эмес. Азыр жөн эле түшүнбөстүк болуп жатат. ГЭСтердин курулушу кургакчылыкка алып келбейт. Бул илгери эле иликтенип, далилденген.

Долбоорго Кремль баш оорута элек

Эксперттер арасында Орусия келишимге кол койгону менен Камбар-Ата-1 долбоорун ишке ашырууга кызыкдар эмес деген да пикирлер арбын. ГЭСти курууну Орусияга берүү тууралуу келишимге 2012-жылы кол коюлганы менен ушул убакытка чейин Кремль ГЭСке баш оорута электей.

Саясат таануучу Эмил Жураевдин пикиринде, Орусияда экономикалык каатчылыктын айынан долбоор ордунан жылбай турат.

- Чоң көлөмдөгү инвестиция болбосо бул ГЭСтерди куруу кыйын болчу. Бирок бардыгын эле Орусияга кармата берген болбойт да. Башка ГЭСтер менен катар Камбар-Ата-1 дагы Орусиянын колуна өтүп кеткени шашылыш чечим болуп калды. Менимче бул өлкө үчүн келечекте кооптондуруп турган көрүнүш болуп калды.

Кыргызстан Камбар-Ата-1 ГЭСин куруу боюнча Орусия менен теңме-тең ээлик кылган келишимге кол коюп, биргелешкен “Камбар-Ата-1” ишканасын түзүшкөн. Бирок ГЭСтин 50% түбөлүк орус тараптын колунда кала турганы Кыргызстанда айрым нааразычылыктарды жаратып келет.

Талибан Кундуз шаарын ээлеп алды

Кундуздагы уруштарга тартылган ооган күчтөрүнүн унаасы. 28-сентябрь, 2015-жыл.

Талибан Ооганстандын түндүгүндөгү Кундуз шаарын дүйшөмбү күнкү чабуулдун аркасында басып алды. Бул эл көп жашаган шаардын 2001-жылы күздө, АКШ антитеррордук операция баштаган учурдан бери талиптердин колуна алгачкы ирет өтүшү болду.

Талибан согушкерлери Ооганстандын түндүгүндөгү Кундуз провинциясынын борборуна жаңы чабуулун дүйшөмбү таңда кеминде үч багыттан баштаган.

Азыркы чабуул учурунда алар шаардын коргонуу чегин буза алды жана 300 миңдей киши жашаган шаардын негизги кесилишине өзүлөрүнүн ак желегин илүүгө жетишти.

Кундуздун туш тарабынан каптаган талиптер бир нече саатка созулган уруштардан кийин дүйшөмбүнүн кечине карата өкмөттүк имараттардын бир канчасына, шаардагы башкы түрмөгө кирип, абактан 500дөй кишини бошотуп жибергени белгилүү болду.

Бишкек убактысы боюнча түнкү саат 23кө барып, Кундуз “Талибандын” колуна толугу менен өтүп кеткенин Ооганстандын ички иштер министрлигинин басма сөз катчысы Сыдык Сыдыки “Ассошейтед Пресстин” кабарчысына ырастады.

Бирок, Кундузга кошумча күч жөнөтүлгөнүн, шаарды согушкерлерден мүмкүн болушунча тез тазалоо аракети көрүлөрүн кошумчалады.

Мунун алдында Талибандын өкүлү Забихулла Мужахид өзүнүн Twitter социалдык түйүнүндөгү баракчасында “полициянын турагы, Кундуздун губернаторунун кеңсесинин ээлениши менен бүткүл провинция биздин колубузга тийди. Азыр биздин согушкерлер аэропортту көздөй кетип бара жатат”,- деп жазган эле.

Кундуздагы ооган аскерлери. 28-сентябрь, 2015-жыл.
Кундуздагы ооган аскерлери. 28-сентябрь, 2015-жыл.

Талибандын өкүлү ошондой эле Кундуздун тургундарын үйлөрүнөн чыкпоого чакырган.

Президент Ашраф Ганинин басма сөз өкүлү Кундуздагы кырдаалды “өзгөрүлмө” деп мүнөздөп, президент аскерий кол башчылар мен байланышта экенин маалымдады. Зафар Хашеминин айтымында, ооган күчтөрү Кундузда аракеттенүүдө эң биринчи кезекте "тургундардын коопсуздугуна" артыкчылык берди.

Полициянын маалыматына караганда, чоң жоготуулар эки тараптан тең бар.

Кундуздун провинциялык кеңешинин төрагасы Мохаммед Юсуф Аюубинин пикиринде, Талибан азыркы чабуулда болгон күч-кубатын колдонду.

"Рейтер" агенттиги Кундуздан тарткан видеотасмада шаардын көчөлөрүндө автоматчан жүргөн талиптерди көрүүгө болот.

Ооганстандын азыр тынч эмес аймакка айланган түндүгү Борбор Азиянын түштүк чек аралары менен кесилишет.

Тажикстандын Хатлон облусу менен чектеш Кундуз провинциясында талиптердин буга чейинки акыркы ири чабуулдары быйыл апрель жана июнь айларында да болгон.

Андагы уруштар бир нече күнгө созулуп, согушкерлердин мизин кайтаруу үчүн Кабулдан кошумча күч тартылган.

Талиптер эми шаардын ичине, эл жыш жаашаган жерлерге кирип алганын эске алганда, аларды сүрүп чыгарууда абадан жана артиллерия менен колдоо көргөзүү жардам бербей калышы мүмкүн.

Кундуздун басылып алынышы АКШ 2001-жылы күздө Ооганстанда антитеррордук операция баштагандан бери эл көп жашаган шаардын, провинция борборунун талиптердин колуна алгачкы ирет өтүп кетиши болду.

Окуя азыркы президент Ашраф Ганинин биримдик өкмөтү куралган күндүн бир жылдыгына да туш келди.

Согушкерлердин шаарды бир эле күндө ээлеп алышы, байкоочулар баамында, учурда Талибан менен өз алдынча күрөшүп жаткан ооган өкмөттүк күчтөрү үчүн олуттуу жоготуу.

АКШ жана НАТО аскерлери былтыр жыл соңунда согуштук миссиясын аяктагандан бери Ооганстанда азыр негизги көңүлдү жергиликтүү күчтөрдү машыктыруу ишине гана бурууда.

“Талибан” Кундуздун көбүн ээлеп алды
please wait

No media source currently available

0:00 0:00:37 0:00

Өзбекстан: пахта териминдеги каргаша

Самарканддагы пахта терими. Өзбекстан

Өзбекстанда азыр кызуу жүрүп жаткан пахта терүү өнөктүгү адам өмүрүн алган кырсыктар менен коштолууда.

Кошуна өлкөдө элди күчтөп пахтага айдоо өнөкөтү эл аралык коомчулукта катуу сынга кабылганы менен андан эч нерсе өзгөрбөй, жыл сайын ушундай көрүнүш кайталанып келет.

Өзбекстанда азыр карапайым дыйкандардан сырткары мугалимдер, дарыгерлер жана башка кесип ээлери да жапырт пахта талаасына айдалган. Мажбурлап пахта тердиртүүдөн албетте студенттер да четте калбайт.

Бирок пахта терими быйыл да адам өмүрүн алган кырсыктардан куру эмес. Мындай кырсыктардын соңкусу 23-сентябрдын кечинде Наманган облусунун Төрө-Коргон районунда болду. Аталган райондун Шаханд айылында пахта тартып келаткан трактор 12 жаштагы баланы коюп кетип, ал ошол жерде жан берген.

Окуяга күбө болгондордун бири “Азаттыктын” өзбек кызматына буларды айтат:

- Кырсык менин үйүмдүн алдындагы жолдо болду. Пахта заводуна жөнөгөн трактор шашып келатканбы билбейм, жолдо бараткан эки баланын бирөөсүн уруп кетиптир. Мен чыксам бала эчак жан берген экен.

Кийинчерээк трактордун чиркегичи астында ажал тапкан бала Сардар Хабибуллаев экени, жаназасы 24-сентябрда - Курман айт намазында окулганы белгилүү болду.

Учурда бул окуя боюнча иш козголуп, тергеп-сүрүштүрүү иштери башталды.

Өзбекстанда күнү бою терилген пахта кечинде кабыл алуучу жерлерге ташылат. Бирок аны ташыган тракторлордун көбү техникалык талаптарга жооп бербегендиктен кырсыкка кабылган учурлар көп. Муну намангандык Алижан аттуу фермер да ырастайт:

- Тракторлор эски, атүгүл көбүнүн чырактары да жанбайт. Техникалык коопсуздук талаптарына жооп бербейт.

Намангандагы бул кырсыктан үч күн мурда, 20-сентябрда Ташкент облусунда да 25 жаштагы бир милиция кызматкери пахта талаасынан машинеси менен кайтып келатып, чырагы жанбаган бир трактордун чиркегичинин астына кирип кетип, набыт болгон.

Ушул эле күнү Хорезм облусунда пахтага айдалган дарыгерлер чыккан автобус оодарылып, андагы 80 адамдын 20 чактысы ар кандай жаракат алган.

23-сентябрда Сыр-Дарыя облусунун Сайхунобод районунда пахта теримине байланышкан дагы бир окуя катталды. Бул райондогу 18-мектепке Ташкент Ирригация институтунан пахтага келген студенттер жайгаштырылган. Жаңы окуу жылы башталышы менен окууга эмес, пахта талаасына айдалган миңдеген студенттердин бири Илхом Режавалиев ошол күнү жакын жердеги бир үйдүн мончосуна түшүп, шериктеринен калып калат. Кечинде жалгыз келаткан студент айылдын топтошкон жаш жигиттеринин курчоосуна кабылып, алар катуу сабап салышат.

Студенттин агасы Халимжон окуя кандайча болгонун “Азаттыктын” өзбек кызматына айтып берди:

- Топтошкон балдардын экөө алдынан тосуп, кайсы жерде турарын, ким экенин сурап кирген. Алар сөзгө тартып турганда башка бирөөлөрү сол жактан Илхомжандын бетине муштаган. Кийин калгандары кошулуп уруп-тепкилешкен. Кийин ал эптеп бошонуп, баягы мончосу бар үйдү көздөй качкан. Үй ээлери чыга калганда балдар качып кетишет. Биринчи мушта эле инимдин жаак сөөгү эки жерден сынган экен.

Халимжан андан ары операцияга муктаж, оор абалдагы инисин бир күн ошол мектептеги пахта штабында кармашкан соң гана аймактык ооруканага алып келишип, андан ары Ташкендеги ооруканага жеткирип, ошол жерде операция жасаганын кошумчалады. Бирок анын айтымында, оорукана чыгымдарын пахтага алып барууга жана студенттердин коопсуздугуна жоопкер окуу жай эмес, бүт өздөрү көтөргөн.

Соңку маалыматка караганда, азыр студентти урган жергиликтүү жигиттер кармалып, териштирүү иштери жүрүүдө. Бирок азырынча алар студентке эмне үчүн кол көтөргөнү белгисиз.

Акыркы жылдары Өзбекстандагы пахта өнөктүгүндө адам өмүрүн алган, же залака келтирген мындай учурлар көнүмүш көрүнүшкө айланып баратканы байма-бай айтылып, эл аралык укук коргоочу уюмдардын да сынына кабылып келет. Маселен Германияда жайгашкан Адам укугу боюнча Өзбек-герман форуму быйыл апрелде жарыялаган баяндамасында 2014-жылкы пахта териминде 17 жаран ажал таап, дагы көптөгөн адамдар жаракат алганын айтып чыккан. Ошондой эле пахта талаасына чыгарылгандар 10 сааттан иштеп, бир аз гана эс аларын, дем алыш күн дегенди билбей, таза суусу, мончосу жок бөлмөлөрдө тыгылып жашарын белгилеген.

Өзбекстан жыл сайын бир миллиондон ашуун жаранды пахта талаасына мажбурлап алып чыгары да айтылып жүрөт.

Казак китебиндеги жазуу Киевди капа кылды

Казакстанда 2014-2015-жылдары "Мектеп" басмаканасынан чыккан география боюнча китептер.

Казакстанда мектептердеги окуу китептеринде Крымдын “Орусия территориясы” деп жазылып калганына украин элчилиги нааразылык билдирип, казак бийлигин аталган китептерди мектептерден чогултуп алууга чакырды.

Казакстанда былтыр жана быйыл чыккан тарых жана география китептеринде Крым Орусиянын аймагы деп көрсөтүлгөн.

25-сентябрда Украинанын Астанадагы элчилиги Казакстандагы “Мектеп” басмаканасынан чыккан окуу китептеринде Крымдын “Орусия федерациясынын субъектиси” катарында жазылып калгандыгына байланыштуу Казакстандын Тышкы иштер министрлигине нааразылык нотасын жолдоду.

Элчилик жиберген нотада “окуу китептериндеги Крым тууралуу маалыматтар эл аралык коомчулуктун жана Украинанын бүтүндүгүн колдой тургандыгын бир нече жолу билдирген Казакстан бийлигинин да позициясына каршы келе тургандыгы” айтылган. Украин элчилигинин басма сөз катчысы Ирина Блащук нота жиберилгенин тастыктап, буларга токтолду.

- Ооба, биз чындап эле бүгүн нааразылык нотасын жөнөттүк. Буга Крым тууралуу окуу китептеринде берилген туура эмес маалыматтар себеп болду. Биз аталган маселе боюнча китепти чыгарган басмакана менен да сүйлөштүк. Алар Крымда референдум өткөнүн негиз келтиришүүдө. Сыягы, орус пропагандасы өз таасирин тийгизген окшойт. Казакстандын Тышкы иштер министрлиги биздин нотага жооп бериши керек. Андан кийинки аракетибиз ошого жараша болот.

Крым
Крым

Украина тарап ошондой эле Казакстандын Тышкы иштер жана Билим берүү министрликтерин аталган окуу китептерин мектептерден токтоосуз чогултуп алууга чакырган. Казакстандын Билим берүү министрлигине украин элчилигинен ушундай өтүнүч келгенин басма сөз катчысы Алибек Шокпаров “Азаттыкка” ырастады.

- Чындыгында эле бизге Украинанын Казакстандагы элчилигинен бул боюнча расмий суроо келип түштү. Ал азыр жетекчиликтин кароосунда. Ал боюнча атайын иликтөө жүргүзүлөт. Ошондуктан кандай чечим кабыл алына тургандыгы али белгисиз.

Казакстанда былтыр жана быйыл “Мектеп” басмаканасынан чыккан 11-класстын “Азыркы дүйнөнүн географиясы” жана “Дүйнө жүзүнүн тарыхы”, ошондой эле 10-класска арналган “География” китептеринде Крым Орусиянын аймагы катары киргизилген.

11-класска арналган “Дүйнө жүзүнүн тарыхы” китебинин авторлорунун бири Розалия Кайырбекова Крымды Орусиянын аймагы катары киргизүүдө референдумдун жыйынтыгын эске алышканын негиз келтирди.

- Референдум болдубу? Болду. Биз аны жокко чыгарып коё албайбыз да. Анын жыйынтыгын Батыш кабыл алган жок. Биз Крымда референдум болду деп гана бердик. Эгер референдум кимдир бирөөгө жакпаса, анда бул эми башка маселе. Бул деген саясат болуп кетет.

Казакстандын Билим берүү министрлигине караштуу “Окуу китептери” илимий-практикалык борборунун орун басары Адилхан Дүйсөбаевдин айтымында, Крымдын Орусияга өткөнү китептерде болгону тарыхый окуя катары жазылган.

- Чоң тарыхый окуя болду. Украина менен Орусиянын алкасында ушундай маанилүү окуялар жүз бергени, референдум болгону, элдин добуш бергени да анык.Ал кандай өттү, кандай уюштурулду, биздин ишибиз жок. Бул тарыхый окуя болгондуктан жана ал географиялык жактан Орусиянын курамына автономиялуу округ болуп кошулгандыктан, аны жашырып койбой, китептерде көрсөттүк. Бирок анда эч кандай саясий баа берүү жок. Бул маселеде Украинанын, Европанын Орусиянын же Казакстандын позициясы кандай деген баа берген эмеспиз.

Орусиянын Украинага болгон саясатын айыптаган акция. Нью-Йорк. 2014-жыл.
Орусиянын Украинага болгон саясатын айыптаган акция. Нью-Йорк. 2014-жыл.

Ошентсе да айрым тарыхчылар менен географтар Крымды Орусиянын аймагы катары көрсөтүүгө каршы. Алматыдагы Ал-Фараби атындагы улуттук университеттин география факультетинин окутуучусу Санат Түгөлбаев Казакстан Крымдын Орусияга өткөнүн расмий кабылдаган жок, андыктан китептерге андай деп жазылбашы керек болчу деп эсептейт.

- Чек арадагы өзгөрүүлөрдү эки мамлекеттин парламенттери бекитип, президенттери кол койгондон кийин Бириккен Улуттар Уюму жаңы чек аранын негизинде калктын санын эсептейт. Крымга байланыштуу биз андайды көргөн жокпуз. Бул жерде окуялар, тескерисинче, болуп жатат. Ошондуктан окуу китептеринде Крымды Орусиянын аймагы катары киргизүүгө биздин укугубуз жок. Крымды Орусиянын субъектиси катары караган бир гана документ бар. Ал бир гана Орусиянын Мамлекеттик Думасынын чечими.

2014-жылы 16-мартта Крымда референдум өткөрүлүп, жарым аралдын шайлоочуларынын 97 пайызы Орусияга кошулуу үчүн добуш берген. Орусия аталган референдумдун жыйынтыгына шылтап, 18-мартта Крым жарым аралын өзүнө кошуп алган. Муну эл аралык нормаларга туура келбеген чечим деп, Украина өзү жана дүйнө мамлекеттеринин көпчүлүгү кабыл алган эмес.

БУУнун башкы ассамблеясында Крымды Украинадан бөлгөн референдумду мыйзамсыз деп таануу боюнча маселе көпчүлүк добуш менен кабыл алынган. Аталган жыйында Армения, Беларус, Боливия, Венесуэла, Зимбабве, Куба, Никарагуа, Сирия, Түндүк Корея, Судан жана Орусия өзү гана референдумду мыйзамдуу деп тааный тургандыгын билдирсе, добуш берүүдө Казакстан калыс позициясын карманган.

Астана-Москва: соода согушуна даярдык

Казакстанда акыркы жылдары Орусиядан импорттолгон спирт ичимдиктеринин көлөмү өскөн.

Түркмөнстан газохимиялык ишканаларды курууда, Өзбекстан жашылча-жемиштерин Европага экспорттойт.

"Астана Москва менен "соода согушуна" даярданууда" деп жазат “Независимая газета”.

Макалада казак ишканалары Орусиянын товарларына эмбарго же квота киргизүү талабы менен Казакстандын Инвестиция жана өнүгүү министрлигине кайрылгандыгы айтылат. Алар Орусиядан келип жаткан автоунаа, аккумулятор, майлоочу май жана айрым азык-түлүктөргө чек коюуну талап кылышкан. Москвадагы Жогорку экономика мектебинин адиси Андрей Суздальцев Казакстан жакын арада мындай чектөөгө барышы толук мүмкүн деген пикирде.

Адистин баамында, Орусиянын товарларынын стандарттары жана техникалык көрсөткүчтөрү казак товарларына караганда сапаттуу келет. “Премьер” ишканасынын аналитиги Сергей Ильгин “импорттоочулардын жергиликтүү өндүрүшчүлөргө караганда көбүрөөк пайда көрүүсү казак экономикасын кыйроого алып келет” деп эсептейт. Коомчулуктагы активдүү талкууларга карабастан, азырынча Астанадан расмий жооп келе электиги кабарланган.

“Российская газета” кабарлагандай, 1-январдан тарта Евразия экономикалык биримдигинде дары-дармектердин жалпы базары ачылат. "Мындай базардын түзүлүшү биримдиктин жарандарын сапаттуу жана арзан дары менен камсыздоого жол ачат" деп эсептейт Евразия экономикалык комиссиясынын өкүлү Василий Бойцов.

Биримдикте сүйлөшүлгөн макулдашуулар боюнча эркин базарга чыкчу дарылардын бирдиктүү базасы түзүлүп, ага атайын каттоодон жана экспертизадан өткөн дарылар киргизилет. Ар бир мамлекетте келерки жылдын 1-январына чейин каттоодон өткөн дарылар 2025-жылдын аягына чейин Евразия экономикалык биримдигинин талаптарына ылайыкталышы керек.

Түркмөнстан он чакты газохимиялык ишканаларды курууга киришти деп маалымдайт РИА-Новости интернет басылмасы.

Расмий Ашхабад жапон өкмөтү менен полиэтилен, керосин жана бензин сыяктуу 17 газохимиялык товарларды иштеп чыгуучу ишканаларды курууну макулдашкан. Ал эми учурда курулушу башталган Каспийдин жээгиндеги Киянлы айылындагы полиэтилен чыгарчу заводдун долбоору 3, 432 миллион доллар деп бааланууда. Эл аралык аренада Түркмөнстан туруктуу жана ишенимдүү өнөктөш катары бааланып, чет өлкөлүк инвесторлордун кызыкчылыгын арттыра баштады деген ой айтылат макалада.

Өзбекстан Европага жашылча-жемиш экспорттоо боюнча дагы бир катар келишимдерге кол койду деп кабарлайт “Экономическое обозрение” басылмасы. Расмий Ташкент Латвияда өткөн азык-түлүктөрдүн эл аралык көргөзмөсүндө 20дан ашуун европалык ишканалар менен сүйлөшүп, 1,5 миллион доллар өлчөмүндө келишимдерди кабыл алганы айтылат. Европа рыногунда Ташкенттин кургатылган мөмө-жемиштери, жаңгак түрлөрү, улуттук таттуулары жана шире суусундуктары чоң суроо-талап жаратууда, деп айтылат макалада.

Тажик бийлиги бүбү-бакшыларды жазалайт

Иллюстрация

Тажикстанда төлгөчү, бүбү-бакшылар ишин токтотпосо жети жылга чейин түрмөгө кесилиши мүмкүн. Президент Эмомали Рахмон парламентке Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүү киргизүүнү сунуш кылды.

Тажикстанда көз ачыктык, бакшылык, дубалоо менен алектенүү административдик тартип бузуу катары бааланып, мыйзам негизинде айып пул салуу каралган.

Эми болсо бүбү-бакшы, көз ачык, табыптар мындан да катуу жазага тартылышы ыктымал. Президент Эмомали Рахмондун маалымат кызматы кабарлагандай, 23-сентябрда өкмөт жыйынында Кылмыш-жаза кодексине алымча-кошумча киргизип, элди алдагандарды жети жылга чейин түрмөгө кесүү сунушу айтылды.

Социолог Бобожон Сангиновдун айтуусунда, эл турмуш оорлогондо, ар кандай кыйынчылык, социалдык көйгөй көбөйгөн кезде көзү ачыктарга, бүбү-бакшыларга өзгөчө көп кайрылат:

- Элде кандайдыр бир проблема пайда болуп, мамлекеттик органдарга, айталы, милицияга, андан кийин прокуратурага кайрылып, өз маселесин чече албаганда, төлгөчү, көз ачыктарга баруудан башка аргасы калбайт.

Сангинов "совет доорунда Тажикстанда мындай көрүнүш сейрек кездешчү, дубалоо боюнча адабият алыскы айыл-кыштактардагы улгайган абышка-кемпирлерден эле табылбаса, калың элде, дүкөндөрдө жок болчу",- дейт. Анан СССР кулап, жарандык согуш башталгандан кийин бүбү-бакшылардын кадыры арткан. Анүстүнө Ооганстандан келген качкындар да ошондой китептерди көп алып келишкен.

Өткөн жылы Хатлон облусунун борбору Коргон-Төбө шаарынын тартип коргоочулары жана жергиликтүү акимчиликтин аялдар иштери боюнча бөлүмү көзү ачыктык, төлгөө салуу менен шугулданган аялдарды таап, жоопко тартуу боюнча рейд өткөрүшкөн.

Операция жергиликтүү жашоочулардын арызынын негизинде жүргүзүлгөнү айтылган. Анын жүрүшүндө 30 төлгөчү аял аныкталып, үчөөнө айып пул салынган. Милиция аларды алдамчылык менен башкалардан акча өндүрүү, көз боёмочулук үчүн айыптаган.

2007-жылга чейин Тажикстандын мыйзамдарында бүбү-бакшылык үчүн эч кандай жаза каралган эмес. Үч-төрт жыл мурун гана өлкө парламенти – Мажлис Административдик кодеске аларга айып пул салуу беренесин киргизген. Ушу тапта кодекстин 482-беренесине ылайык, айып пулдун өлчөмү 600дөн 1 миң 200 сомониге же 100-200 долларга чейин белгиленген.

Маалыматтарга караганда, бүгүнкү күнгө карай 1 миңден көп киши айып пул төлөөгө милдеттендирилген.

Адистер төлгөчү, бакшыларга адатта билими төмөн кыз-келиндер көп кайрылышарын белгилешет.

Ал эми административдик айыпка тартылгандар ар кандай турмуштук, үй-бүлөлүк кыйынчылыктарга туш болгондорго жардам берүүнү гана көздөшкөнүн айтып, актанышууда.

Өзбекстанда балдар айт намазга барбас болду

Ташкендеги 2014-жылкы айт намаз

Өзбекстанда айт арапасында мектеп, орто окуу жайлардын окуучуларына айт намазын окуу үчүн мечиттерге барбоо тууралуу эскертүү берилди.

Андан тышкары мечиттин имамдарына жашы он жетиге чыга элек өспүрүмдөрдү майрамдык намазга катыштырбоо тууралуу катуу эскертүү берилген.

Ташкенттин Үчтөбө районунда жайгашкан №124 мектептин атын атагысы келбеген мугалими “Азаттык” радиосунун өзбек кызматына ата-энелерге балдарын айт намазга алып барбоо тууралуу түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп жатканын маалымдады:

- Ата-энелерге класс жетекчилер ушул маселе боюнча жолугуп, балдарын мечитке алып барбоо керектиги айтылды. Муну балдардын коопсуздугун камсыздоо чарасы катары түшүндүрүштү. Анткени жеткинчектер чоңдордун ибадатын эле бузуп койбой, ар кандай коркунучтуу кырдаалга тушугуп же тебелендиде калышы ыктымал.

Самарканддын Ургут районундагы мектептердин биринде балдарды айт намазга алып барбоо тууралуу ата-энелерден тил кат алынган. Бул талапты бузгандарга айып пул төлөшөрү эскертилди.

Ал ортодо Өзбекстандагы мечиттердин имамдарына жашы он жетиге чыга элек балдарды майрам намазына кошпоо тууралуу катуу көрсөтмө берилди. Ташкенттеги “Ахрор Вали кожо” атындагы борбордук мечитте иштеген кызматкерлердин бири 17 жашка толо элек балдар коопсуздук үчүн мечитке киргизилбей турганын, бул тууралуу элге атайын кеп-кеңеш айтылып жатканын маалымдаган.

Ташкендеги "Мирза Юсуф" мечитинде окулуп жаткан айт намазы, 2014-жыл
Ташкендеги "Мирза Юсуф" мечитинде окулуп жаткан айт намазы, 2014-жыл

​Өзбекстан президентинин Курман айтты майрамдоо тууралуу буйругунда “Нуроний”, “Махалла” сыяктуу тийиштүү уюмдарга өзбек улутунун каадалуу майрамы катары Курман айтты жогорку даражада белгилөөнү уюштуруу керектиги айтылган.

Намангандык активист Убайдулло Азимов да жеткинчектерди мечитке жолотуу туура эмес деген пикирде:

- Баланын башы айланбасын деп жатышат да. Мектептеги сабактарын эле окуп жетишсе кандай. Эгер мектепти жакшы окуса, келечекте да жакшы адам болуп чыгары шексиз. Окуусун бүтүп алып анан мечитке бара берсин.

Өзбекстан президенти Ислам Каримов 18-сентябрь күнү 24-сентябрды мамлекеттик дем алыш деп жарыялаган буйрук чыгарган. Айт намазга эл бейшемби күнү таңкы саат алты жарымдан тарта эле чогула баштайт. Өткөн жылдагыдай эле Курман айт Өзбекстанда пахта терими өнөктүгүнө дал келип отурат.

Өзбек жанкечтинин көз жашы жана өлүмү

Чабуул алдында ыйлап жаткан өзбек жанкечтиси. Видеодон алынган сүрөт.

Сириянын Идлиб провинциясына караштуу Фуа шаарында өзбек жанкечтиси душмандын аймагында БТРди жардырып, өзү да жан таслим болгон деген видео тасма тарады.

Байкоочулардун айтымында, бул өзбек согушкерлеринин биринчи өзүн-өзү жардыруусу.

Идлиб провинциясындагы Фуа шаарынын көпчүлүк жашоочуларын шийиттер түзөт.

Буга чейин "Ислам мамлекети" террорчул тобунун катарында жүздөгөн өзбек согушкери бар экени айтылган.

Мактоо жана көз жаш

Интернетте 18-сентябрда жарыяланган тасмага караганда, жанкечтиликке барган өзбек жигити былтыр ооган талиптерине кошулгандыгын жарыялаган “Имам Бухари” деген террорчу жамааттын мүчөсү болгон. Видеодо бир канча жанкечтинин кол салуулары тууралуу баяндалып, алардын бири “Мавреннахрдан чыккан алгачкы жанкечти” экендиги айтылат. Мавреннахр - бул азыркы Өзбекстан, Тажикстан, ошондой эле Кыргызстандын жана Казакстандын түштүк-батышы кирген жерлердин орто кылымдардагы аталышы.

Видеодо кыл мурут, бетинде бир аз гана сакалы бар 17-20 жаштардагы жигиттин аты Жафар ал-Тайар экендиги айтылат.

Тегерете курчап турган согушкерлер менен коштошуп, бомбага шыкалган БТРга түшкөнү жаткан жанкечтини башкалар мактап, сүрөп турушканы тасмага түшүрүлгөн. Бирок жигит бул анын өмүрүнүн акыркы мүнөттөрү экенин эстегендей, титиреп, катуу корккону тасмада даана байкалат. Бир убакта Жафар көзүнөн жаш чыгарып, ыйлап да жиберет. Өлүмгө бараткан жигиттин ыйлаганын көргөн согушкерлер "шайтан аны коркутуп жатканын" эскертишет. Жабалактаган согушкерлердин бири өзбекче:

- Жафар иним, коркпо! Алла таала “качан корксоңор мени эстегиле” деп айткан. Шайтан сени коркутканга аракет кылат. Коркпо, иним! Жүрөгүңдө бекем ыйман менен кет. Сен туура жолдосуң. Алла таала сенин аркаңда турат,- деп аны жооткотот.

Ага жооп кылып Жафар “шайтандан коркпой” турганын айтат.

- Мен шайтандан коркпойм. Азыр бараткан ниетим аткарылбай калышынан корком, - дейт жанкечтиликке камынып жаткан өзбек жигити.

Жафар
Жафар

Видеонун андан кийинки кадрларында Жафар башкарган БТР душмандын аймагындагы имаратка барып жарылганы көрсөтүлгөн, ал эми Жафар өзү "шейит" болгону айтылат.

Интернеттеги Ютуб сайтына чыгарылган бул видео тасма кийин алынып салынды.

Ушу күнгө чейин өзбек согушкерлеринин жанкечтиликке барганы тууралуу маалыматтар болгон эмес. Байкоочулар жогорудагы Жафар аттуу жигит биринчи өзбек жанкечтиси болушу мүмкүн экендигин айтышууда.

Фуа шаары үчүн уруштар

“Имам Бухари” тобунун согушкерлери акыркы убактарда Фуа шаарын алуу үчүн болгон уруштарга катышууда. Аталган топтун 7-сентябрда жарыялаган видео тасмасында болсо өзбек жихадчылары ондогон шийит согушкерлерин өлтүрүп, алардын өлүктөрүн мазактап жатканы тартылган.

Фуа шаарын алуу үчүн Сирия армиясына каршы урушуп жаткан согушкерлердин “Жайшул-Фатх” биримдигине жанкечтилик чабуулдарды уюштуруп жатканы боюнча маалыматтар бар. Бул бирикмеге “Жабхат-Нусра”, “Ахрар-аш-Шам” жана “Имам Бухари” топтору кирет.

Демек өзбек согушкерлеринен турган эки топ азыр Сирияда биригип аракеттенүүдө деп тыянак чыгарса болчудай. Алардын бири- жогорудагы “Имам Бухари” жамааты болсо, экинчиси – “Таухид ал-Жихад” тобу.

“Таухид ал-Жихад” уюмунун 19-сентябрда интернетке жарыялаган видео тасмасына караганда, Фуа шаарчасындагы уруштарга өзбек согушкерлери катышууда. Ошондой эле өзбек жанкечтилери да чабуулдарды уюштуруп жатканы маалымдалган.

Идлибдеги исламчы согушкерлер
Идлибдеги исламчы согушкерлер

Алардын биринде бети жабылган жанкечти чабуулдан аман-эсен кайтып келгени, бирок коркконунан тизелеп отуруп алып, нес болуп калганы, башкалар болсо аны куттуктап жатышканы көрсөтүлгөн. Аталган тасманын акырында бир өзбек согушкери: “Кудай буйруп, Дамаскты алсак, андан кийин Палестинага согуш ачабыз” деп айтканы бар.

«Имама Бухари» жана «Таухид ал-Жихад» жарыялаган тасмаларга караганда, Фуа шаарчасын алуу үчүн болгон уруштарда жалпысы беш жанкечтилик чабуулдар жасалган. Бирок ошолордун баары өзбектерби - ал айтылбайт.

Жыл башынан бери “Жайшул-Фатх” биримдигине кирген террорчулар тобу Сириянын Идлиб провинциясынын көпчүлүк аймагын басып алган.

Сириянын Фуа жана Кафирия шаарларынын көпчүлүк тургундарын шийиттер түзөт жана булар Башар Асаддын армиясынын колундагы акыркы ири сандагы калк жашаган шаарлар болуп саналат.

Эки шаар тең акыркы айларда согушкерлердин бутасына алынды. Бул шаарларга карата чабуулдар өкмөттүк аскерлер Ливия менен чектешкен Забадани шаарын бомбалагандан кийин башталган.

20-сентябрда Иран менен террорчулардын “Жайшул-Фатх” биримдиги ок атышууну токтотуу жана жогорудагы эки шаарга согушкерлер койгон блокаданы алып салуу тууралуу макулдашканы кабарланды.

Ташкен бийлигинин маалыматтары боюнча, “Ислам мамлекети” тобунун катарында 200дөй өзбек жараны согушуп жүрөт. Эксперттер болсо өзбек жихадчылары 500дүн тегерегинде болушу мүмкүн деп божомолдойт. Ал эми согушкерлер өздөрү Ирак менен Сирияда миңдей өзбекстандык бар экенин айтып келишет.

Коррупциянын айынан TeliaSonerа КМШдан кетүүдө

Швециянын TeliaSonera компаниясынын желеги

17-сентябрда швециялык TeliaSonera телеком компаниясы КМШда өз ишмердүүлүгүн токтотконун жарыялады.

Компания бул өлкөлөрдү ишмердүүлүк жүргүзгөн картасында “Евразия” аймагы деп атап келген. Ага Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан, Азербайжан, Молдова, Грузия, ошондой эле Непал да кирет. Эми компания негизги көңүлдү “Европа” аймагына бурмакчы болууда жана Швециянын жергиликтүү рыногуна кошулмакчы. “Европа” аймагы дегенде ага Орусия да кирет. Орусияда бул компания “Мегофондун” 15% ээлик кылат.

TeliaSonera КМШдагы рыноктон бир катар мамлекеттердеги коррупциялык жаңжалдардан кийин кетип жатат. Мындай жаңжалдар өзгөчө Өзбекстан менен Азербайжанда чыкты.

Өзбек президентинин улуу кызы Гүлнара Каримова бир катар телекоммуникациялык компаниялардан өзбек рыногуна кирүү жана андан ары колдоп туруу үчүн бир миллиард доллардан көп пара алганы ачыкка чыгууда.

Уюшкан кылмыштуулукту иликтөө боюнча OCCRP уюмунун маалыматына караганда, TeliaSonera Каримовага 381 миллион доллар пара берген жана дагы 75 миллион доллар дагы убада кылган. Өзбек президентинин эрке кызына мындан башка орусиялык “Вымпелком” жана МТС, ошондой эле Alfa Telecom да акча төлөгөн.

Каримова андай жол менен алган миллиард доллар акчаны бир канча өлкөдө, анын ичинде АКШда, Бельгияда, Швецияда жана Швецарияда активдерди сатып алуу аркылуу адалдаган. Бул активдердин бир канча бөлүгү жана Каримовага байланышкан компаниялар учурда камакта, айрымдары эми камакка алынат деп тергөөдө жатат.

TeliaSonera ишканасынын аткаруучу директору Йохан Деннелинддин бейшембиде айтканы боюнча “Евразия” рыногунан кетүүгө коррупциялык жаңжалдар да таасир этти.

- Бул жалгыз себеп эмес. Бирок биз бардык ишмердигибизди карап көргөндөн кийин бул маселелер биздин көп убактыбызды алып жатат деген жыйынтыкка келдик. Бул биздин башка региондорго көңүл бурушубузга түрткөн бир канча себептин бири.

TeliaSonera Азербайжанда болсо негизги делген Azercell мобилдик операторунун 40% ээлик кылат. Бул компанияны 2008-жылдан бери азери президенти Ильхам Алиевдин кыздары көзөмөлдөп, ошондон улам мамлекетке салык төлөбөй жүргөнү жакында ачыкка чыккан.

Azercell компаниясына байланыштуу жагдайларды изилдеген азербайжандык белгилүү журналист, ушул айда жети жарым жылга соттолгон Хадижа Имаилова “Алиевдер 30-40 оффшордук компанияга ээлик кылып келишкенин" жазып чыккан.

- TeliaSonera Азербайжан рыногуна кирген кезде башка мобилдик операторлор болгон эмес. Калкы 10 миллион эл болгону менен камсыздоо төмөн болчу. Мынчалык кардары бар рынок эл аралык компанияны өзүнө тартып турган. Ошон үчүн алар коррупциялык режим менен кызматташууга барууга даяр болушкан, - деди OCCRPнын жетекчи орун басары Миранда Патручич Азербайжандагы жаңжал боюнча айтып жатып.

Байланыш жана жогорку технологиялар министрлиги TeliaSonera Азербайжан рыногунан кеткенде дагы Azercell мобилдик операторунун ишине эч кандай терс таасир этпейт деп эсептейт.

Азербайжандагы жана Өзбекстандагы бул жаңжалдарга карабай, TeliaSonera ишканасынын аткаруучу директору Йохан Деннелинддин бейшембиде айтышынча, компания “Евразия” регионунда бир кыйла өсүш жасай алды. “Эми аны башкалар ийгиликтүү өнүктүрүп кете алат” дейт компаниянын жетекчилиги.

TeliaSonera компаниясынын негизги активдеринин бири – казакстандык KcelI мобилдик оператору. Sberbank CIBдин операторлорунун божомолунда, ал стратегиялык инвесторго сатылат. Балким бул глобалдык жана жергиликтүү негизги оюнчулардын бири болушу мүмкүн.

Казакстанда TeliaSonera 100% ээлик кылган Sonera Holding B.V. жана биргелешкен Turkcell - Fintur Holdings компаниялары аркылуу иштеп келген. Булардын бирине Kcell мобилдик операторунун 24%, экинчисине 51% акциялары таандык.

TeliaSonera Грузияда Geocell, Молдовада Moldcell, Тажикстанда Tcell, Непалда Ncell мобилдик операторлоруна ээлик кылат.

"Ислам кайра жаралуу" партиясынын 13 мүчөсү камалды

Тажикстандагы "Ислам кайра жаралуу" партиясынын төрагасы Мухиддин Кабири

Тажикстандагы “Ислам кайра жаралуу” партиясынын 13 мүчөсү камакка алынды. Башкы прокуратура тараткан билдирүүдө партиянын жетекчиси Мухиддин Кабири жана анын кармалган адамдары бир күн мурда тындым кылынган генерал Абдухалим Назарзоданы колдогон деп айыпталган.

“Ислам кайра жаралуу” партиясынын кармалган 13 мүчөсүнүн арасында партиянын төрага орун басарлары Саидумар Хусайни, Мухаммадали Хайит жана активдүү мүчөлөрү Хикматулло Сайфуллозода менен Вохиддин Косиддинов да бар.

Тажикстандын Башкы прокуратурасы бейшембиде тараткан билдирүүдө кармалгандардын бардыгы бир күн мурда жок кылынган генерал Абдухалим Назарзоданын террористтик тобуна катыштыгы бар деп шектелгени айтылган. Анда “согушкерлердин тобу жок кылынган соң кармалган партия мүчөлөрү дароо өлкөдөн чыгып кетүүнү көздөшкөнү” жазылган.

Башкы прокуратура ошондой эле “Ислам кайра жаралуу” партиясынын негиздөөчүсү, учурда чет жерде жүргөн Мухиддин Кабири да генерал Назарзоданын куралчан тобун колдоп жүргөн деп айыпталып жатканын билдирди.

Мекеме тараткан билдирүүдө «Назарзода Тажикстандын “Ислам кайра жаралуу партиясынын” төрагасы Мухиддин Кабиринин тапшырмасы жана анын жетекчилиги алдында бир топ кылмыштарды жасоо үчүн 20дай чакан куралдуу топ түзгөн” деп белгиленген.​

Ал арада аталган партиянын төрагасы Мухиддин Кабири толугу менен бул айыптоолорду четке какты. Кабири “Азаттыктын” тажик кызматына берген маегинде:

- Биздин партиянын соңку күндөрү Тажикстанда болуп аткан окуяларга эч тиешеси жок. Башкы прокуратура буга чейин деле экономикалык маселелерге негиздеп, мага карата кылмыш ишин ачууга даярданып жаткан. Мага эл аралык издөө жарыялоо үчүн биздин эч тиешебиз жок чабуулга катыштырып койгулары келип жатат”, - деп билдирген.

Кабири бийликтин буга чейинки партияны жок кылып, аны экстремисттик деп атоо аракеттери эч майнап бербегенин кошумчалады.

- Генерал Назарзоданын кол салуулары буларга жол ачты. Соңку окуялар бир нече жылдан бери даярдап келаткан планды аткарууга шылтоо болду. Назарзода эч качан биздин партиянын мүчөсү болгон эмес. Ал тургай соңку жылдары бизден алыстап, сүйлөшүүдөн качып келген. Анын кылыктарынын себептерин өкмөттүн катаал саясатынан издеш керек.

Мухиддин Кабири үстүбүздөгү жылдын март айында Тажикстандан чыгып кеткен. Анын пикиринде, мунун бардыгы ушул күндөргө болжолдонгон курултайды үзгүлтүккө учуратуу максатында жасалган. Анда жаңы жетекчилик шайланмак.

Жыйын өлкөдөгү мурдагы коргоо министринин орун басары Абдухалим Назарзода баштаган куралчан топко каршы өкмөттүк күчтөрдүн операциясы башталган соң белгисиз мөөнөткө кийинкиге жылдырылган.

16-сентябрда Ромит капчыгайында Тажикстандын күч түзүмдөрү жүргүзгөн атайын операциянын жыйынтыгында мурдагы коргоо министринин орун басары Абдухалим Назарзода өлтүрүлгөн. Аны менен кошо топтун дагы бир башчысы Жунайдулло Умаров жана алардын 10 жан-жөкөрү жок кылынган.

Ошондой эле атышууда Улуттук коопсуздук кызматына караштуу “Альфа” антитеррордук бөлүмүнүн башчысы, полковник Рустам Амакиев жана Ички иштер министрлигинин үч кызматкери окко учкан.

Генерал Назарзода өткөн жумада Вахдат шаарындагы милиция бөлүмүнө жана Дүйшөмбүгө кире бериштеги жол кайгуул бекетине кол салууларды уюштурду деп шектелип жаткан. Ал окуяда 17 согушкер жана 9 полиция кызматкери набыт болгон.

Абдухалим Назарзода мурдагы Бириккен тажик оппозициясынын мүчөсү жана 1990-жылдардагы жарандык согушта талаа командирлеринин бири болгон. 1997-жылы президент Рахмондун өкмөтү менен түзүлгөн мунасанын негизинде өкмөткө келип, 2014-жылдын январында коргоо министринин орун басары болуп дайындалган. Эки апта мурда ал иштен бошотулган.

Дүйшөмбүнү дүрбөткөн генерал жок кылынды

Тажикстанда дүрбөлөң салып, Рамит капчыгайына жашырынып кеткен генерал Абдухалим Назарзода шаршембиде шериктери менен кошо тындым болду.

Назарзода 4-сентябрда Дүйшөмбү менен ага жакын Вахдат шаарындагы милиция бөлүмдөрүнө жасалган чабуулдан соң качып кеткен эле.

Тажикстандын Ички иштер министрлиги менен Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети коргоо министринин мурдагы орун басары, генерал Абдухалим Назарзода баштаган куралдуу топту жок кылуу операциясы 16-сентябрь күнү түшкү экиде толугу менен аяктаганын билдирди.

Расмий маалымдамада бир жарым суткага созулган соңку кармашта куралдуу топ Рамит капчыгайынын оң тарабындагы Гусгев деген жерде курчоого алынып, өз ыктыяры менен багынып берүү сунушуна көнбөй катуу каршылык көрсөткөнү, акыры бул топтун башчылары генерал Абдухалим Назарзода менен полковник Жунайдулло Умаров жана алардын он шериги толугу менен жок кылынганы айтылат.

“Азаттыктын” тажик кызматынын Дүйшөмбүдөгү кабарчысы Мумин Ахмади да бул кармашта тындым болгондордун ким экени такталганын билдирди:

- Генерал Назарзода баштаган топ жок кылынганы бул күнү түшкө жуук белгилүү болду. Окуя болгон жердеги булактарыбыз өлтүрүлгөндөрдүн ким экени такталганын да тастыктады.

Куралдуу топ менен кармашта тажик коопсуздук кызматынын антитеррордук “Альфа” бөлүгүнүн командири Рустам Амакиев менен ички иштер министрлигинин атайын тобунун үч кызматкери да окко учкан. Жалпысынан кармашта эки тараптан 16 адам мерт болгон.

Ошентип генерал Назарзода баштаган куралдуу топко каршы атайын операция 12 күн дегенде соңуна чыкты. 4-сентябрда эртең менен тажик баш калаасынан 20 чакырымдай жердеги Вахдат шаарындагы милиция бөлүмүнө жана Дүйшөмбүгө кире бериштеги жол кайгуул бекетине жасалган чабуулдарда 9 милиция кызматкери мерт болуп, алтоо жаракат алган. Тажик бийлиги бул чабуулдар үчүн генерал Назарзоданы айыптап, президент Рахмон аны ошол эле күнү коргоо министринин орун басарлыгынан бошоткон.

Ал ошол эле күнү бир канча шериги менен Дүйшөмбүдөн чыгышка карай 150 чакырым аралыктагы Рамит капчыгайына жашырынып кеткен. Ошондон тарта башталган генералды издөө операциясында куралдуу топтун 22 мүчөсү жок кылынып, жүздөн ашууну колго түшкөнү буга чейин кабарланган.

Жок кылынганы айтылып жаткан 51 жаштагы генерал Абдухалим Назарзоданын аты алгач Тажикстанда өткөн кылымдын 90-жылдарынын башындагы жарандык согушта чыккан. Анда талаа командирлеринин бири катары таанылган Назарзода Эмомали Рахмон бийликке келген соң, 93-жылдары өлкөдөн чыгып кетип, Казакстанда ишкерлик менен шугулданат. 1997-жылы тажик бийлиги андагы бириккен оппозиция менен тынчтык келишимин түзгөндө Тажикстанга кайтып келет. Назарзода дароо мурдагы талаа командирлеринен куралган 25-батальонду башкарууга дайындалып, тез арада полковник наамын ыйгарышат.

Кийинчерээк ал батальон жоюлуп кеткени менен Назарзода Коргоо министрлигинде кала берет. Былтыр президент Рахмон аны министрдин орун басарлыгына дайындап, генерал наамын берген. Ал Тажикстандагы бай адамдардын бири болгону да айтылууда. Бирок анын ошончо байлыгы менен кызматын таштап, кылмыштуу топ түзүүгө түрткү болгон жагдайлар азырынча белгисиз.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG