Линктер

ишемби, 20-июль, 2019 Бишкек убактысы 06:57

Борбор Азия

Талиптер өзбек согушкерлерин талкаладыбы?

“Өзбекистан ислам кыймылынын” башчысы Усман Гази.

Ооган талиптери менен салгылашууда “Өзбекистан ислам кыймылынын” башчысы Усман Гази туткунга алынганы кабарланууда.

Ооган бийлиги "Талибан" кыймылы менен “Ислам мамлекети” тобуна кошулуп кеткен өзбек согушкерлеринин ортосунда кагылышуу болгонун тастыктап, бирок Усман Газинин туткундалганын ырастаган эмес. Бирок “Өзбекстан ислам кыймылынын” маалымат катчысы Нусратулло Муджахид бул маалыматты кыйыр түрдө тастыктоочу жүйө катары интернетке тараган видеотасмасын айтууда.

Кырчылдашкан салгылаш

Ооганстандын күч түзүмдөрү Забул провинциясында “Талибан” кыймылынын согушкерлеринин ортосунда кырчылдашкан салгылаш болгонун ырасташууда. Анда “Талибан” кыймылынын башчысы Ахтар Мансурга каршы талаа командирлеринин бири Мухаммад Расул жана анын оң колу саналган Мансур Дадулла баштаган топ урушка чыккан.

Расмий маалыматтарга караганда, Ахтар Мансурга каршы салгылашууга чыккандардын арасында өзбек согушкерлери да болгон жана атышуу учурунда эки тараптан тең сексенге чукул жоочу каза тапкан.

Бейрасмий маалыматтар боюнча ал урушта “Өзбекстан ислам кыймылынын” башчысы Усман Гази туткунга алынды дешсе, экинчисинде ал дарга асылды деген так эмес маалыматтар тараган. Алты ай мурун Усман Гази “Ислам мамлекети” тобуна өтүп кетип, талиптердин жаңы жетекчилигин алдамчылыкка жана непотизмге ооп кеткендиги үчүн айыптаган болчу.

Ооганстандагы ИМдин мүчөлөрү
Ооганстандагы ИМдин мүчөлөрү

“Голос Ислам.ру” аналитикалык порталынын маалыматына ылайык, Усман Гази ал урушта туткунга алынганы чын. Талиптерге каршылык көрсөтүү учурунда аталган амир менен кошо алтымыштай жоочу багынып берип, элүүгө чукулу жок кылынган. Кийин Шариат сотунун өкүмү боюнча туткунга алынгандардын арасынан бир нече адам чыккынчылыкка айыпталып, дарга асылган. Аталган интернет порталдын ырасташынча, жыйырма жылдай өкүм сүрүп, Каримов режимине коркунуч жаратып келген бул кыймыл бир учурда аны коргоосуна алган жамаатка өзүн карама-каршы коюп алган үчүн жок кылынды.

Курчоодо калгандардын кайрылуусу

Ошол эле кезде “Азаттыктын” өзбек кызматы социалдык тармактарда “Өзбекстан ислам кыймылынын” маалымат катчысы Нусратулло Муджахид деген эркек кишинин видеотасмасы чыкканын жазып чыкты. Бул адам мурда да аталган кыймылдын расмий билдирүүлөрүн жарыялап келген болчу.

Нусратулло деген адам өз кайрылуусунда диндештери менен коштошуп, алардан кечирим сурап жана өксүп ыйлаганы тасмага тартылган. Ал өзүнүн тарапташтары менен буктурмага кабылганын айтып, анын диндеш бир туугандарынын жарымы шейит кетип, жарымы туткундалганын айткан. Бирок тасмадагы адам кимдердин буктурмасына кабылганын ачык айткан эмес. Аягында курчоого алгандар алардын “Ислам мамлекети” тобуна берген антын бузууну талап кылып жатканын кошумчалаган.

“Азаттыктын” өзбек кызматы тасмадагы үн Нусратулло Муджахиддики экени такталбаганын белгилеген. Бирок ал соңку эки жумадан бери социалдык тармактагы кайрылууларга жооп жазбай жатканы көрсөтүлгөн. Быйыл 6-октябрда белгисиз бирөө Фейсбуктан Муджахидге жазган билдирүүсүндө талиптердин башчысы Ахтар Мансур Усман Газини жок кылгысы келип жатканын жана бул боюнча ал Өзбекстан менен келишип алганын кабарлаган.

Бул кат алышуунун чын-бышыгы туурасында да “Азаттыктын” өзбек кызматы кандайдыр бир тастыктама таба алган эмес. Бирок Ооганстандын коопсуздук күчтөрү Забулдагы "Талибандын" бөлүмүн Усман Гази жетектеп келгенин ырастаган болчу. Быйыл жазында “Өзбекстан ислам кыймылынын” жоочулары Пакистандын аймагын таштап, Ооганстандын түндүк жана түштүк аймактарына жайгаша баштаганын жарыяланган эле.

“Азаттыктын” өзбек кызматына көз каранды эмес журналист Исомиддин Туйгун учурда Усман Газинин тагдыры эмне болгону тууралуу маалымат жок экенин белгиледи:

Оогандагы талиптер
Оогандагы талиптер

- Усман Гази баш болгон жүздөн ашуун согушкерлер Забул провинциясына жайгашканы тууралуу маалымат бар болчу. Ошондой эле атайын кызматтарга жакын булактар алардын амири мурдагы айларда “Ислам мамлекети” тобунун жетекчилиги менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөнү туурасында айтышкан. Ошондой эле мен дагы бул жактан Усман Гази Забулдагы уруштан кийин өлтүрүлгөнү тууралуу уктум. Бирок мына ошону тастыктай турган маалыматтарды издеп, таба алган жокмун. Талиптерге жакын адамдар дагы муну ырастаган жок. Алар бул окуя тууралуу билбейбиз деп коюшту.

Ооганстандын "Ислам эмирлиги" уюмунун кийин жарыяланган билдирүүсүндө Забулдагы уруш талиптердин ортосунда эмес, өздөрүн “Ислам мамлекети” тобунун жоокерлери деп атаган согушкерлерге каршы жүргүзүлгөнү айтылып, алар "Талибан" кыймылына каршы чыгып, чыккынчылык кылганы үчүн жазаланганы маалымдалган. Бирок бул билдирүүдө өзбек жоочуларынын башчысы Усман Гази тууралуу эч нерсе айтылган эмес.

Ооган аналитиктери Усман Гази туткунга алынып же дарга асылган күндө дагы талиптер ал тууралуу маалыматты ачыкка чыгарбай турганын белгилешүүдө. "Талибанды" жыйырма жылдан ашуун башкарган молдо Омор өлгөндөн кийин кыймылдын ичиндеги согушкерлер топторунун ортосунан жарака кетип, ынтымагы ыдырай баштаганы жана ал барып өз ара пикир келишпестикти күчөткөнү буга чейин эле жарыяланып келген. Өзбекстан ислам кыймылы 1996-жылы түптөлүп, бир катар мамлекеттерде террористтик деп таанылган болчу.

Тажикстан муфтияты салафилерге каршы

Египеттик салафилер нааразылык акциясы учурунда

Тажикстанда Ислам борборунун уламалар кеңеши салафизмге азгырылган жаштарга каршы фатва чыгарды.

Ушул жумада тажик маалымат каражаттарына жарыяланган бул фатвада Сирия менен Ирактагы согушкерлерге кошулуп кеткен тажик жарандары салафизмге уукканы жана алардын мекенине кайтып келиши коркунучтуу экени белгиленет.

“Алар үчүн кимди өлтүрүшү маанилүү эмес – ал эне болобу, же жаңы туулган ымыркайбы баары бир. Кыска убакытта алар Тажикстанды Сирия, Ирак, Йемен жана Ооганстанга айлантат”, -деп айтылат бул фатвада.

Ислам борборунун уламалар кеңеши Тажикстанда фатва чыгарууга укуктуу жападан жалгыз орган. Имам-хатибдер менен теологдордон куралган кеңеш бул чечимин Куран менен хадистеги жана шариаттагы башка булактардагы далилдердин негизинде чыгарганын билдирген.

Уламалар кеңеши “Салафи” агымы шартка жараша жүзүн өзгөртүп, Тажикстанда бул агымдын ишмердигине тыюу салынганына карабай, анын жактоочулары өз идеяларынан баш тартпаганын жана кези келген учурда дароо активдешүүсү ыктымалдыгын эскертет. Мындан улам уламалар Тажикстандын жарандарын “Салафи” агымына жана анын идеяларына каршы турууга расмий түрдө чакырган.

“Сирия, Ирак, Ооганстан жана Пакистандагы киши өлтүрүү, талап-тоноо, адамдарды уурдап кетүү сыяктуу үрөй учурган көрүнүштөр “Салафиянын” ишмердигинин натыйжасы. Экстремисттик идеяларды жайылтуу менен дал ушул агым канчалаган стабилдүү өлкөлөрдү согушка, башаламандыкка алып келди. Алар мындай абалды Тажикстанда да кайталагысы келет”,- деп белгилейт уламалар кеңеши.

Кеңеш андан ары Париждеги соңку террордук чабуулдар да ушул агымдын ишмердигинин натыйжасы экенин эске салат.

“Жихад” чакырыгынын натыйжасында салафилер жүздөгөн бейкүнөө адамдарды бейажал өлүмгө кириптер кылды. Муну менен Батышта исламды жек көрүү да күчөдү. Ушундан улам салафизм чынында исламдын душманы, өзүнүн кырып-жойгуч аракеттери менен дүйнөдөгү эң калыс жана тынч динди жаманатты кылып жатат десе болот”, - деп айтылат билдирүүдө.

Тажикстанда салафи агымы 2000-жылдардын орто ченинде пайда болгон. Анын жактоочулары кийген кийими, анын ичинде чолок шымдары, намаз ортосунда “омийин” деп катуу үн чыгарышы жана мүрзөлөргө коюлган таш эстеликтерди кыйратуу чакырыктары менен айырмаланып турган.

Тажикстандын Жогорку Соту 2009-жылы бул агымды мыйзамсыз деп таап, өлкөдөгү ишмердигине тыюу салган. 2014-жылдын декабрында болсо ошол эле Жогорку Сот салафизмди экстремисттик деп жарыялаган.

Бул кошуна өлкөдө азырга чейин аталган агымдын ондогон жактоочулары кармалып соттолгон.

Салафизмге Борбор Азиянын башка өлкөлөрүндө да тыюу салынган. Бирок ага карабастан аймактын өлкөлөрүндө, Орусияда, анын ичинде Кавказда салафилердин саны артып баратканы айтылып келет. Кошуналарынан айырмаланып Кыргызстанда бул агымга тыюу салынган эмес.

Бирок Бишкектин Биринчи май райондук соту салафи багытындагы “Такфир-жихад” идеологиясына таандык делген “Жайшул Махди”, “Жунд ал-Халифат”, “Ансарул Алла” жана “Ат-Такфир вал-Хижра” уюмдарын экстремисттик-террорчул деп таап, өлкө аймагында иш жүргүзүүсүнө тыюу салганы бар.

Кыргызстандын мурдагы муфтийи, белгилүү ислам аалымы Чубак ажы Жалилов буга чейин “Азаттыктагы” маегинде салафизм менен ваххабизм бир эле нерсе экенин айткан.

- Салафизм менен ваххабизм - экөө бир эле түшүнүк. Бир түшүнүк эки башка ат катары эсептелет.

Кээ бир диний эксперттер болсо салафизм айрым өлкөлөрдө мамлекет тарабынан расмий таанылганын, бул агым ченемдүүлүктөн радикалдуулукка чейинки түрдүү саясий агымдардын бирдиктүү түзүмү катары сыпатталарын айтып келишет.

Казакстан аял лидерди тандоого даярбы?

Нурсултан Назарбаевдин Европа иш сапарында кызында жанында жүрдү.

Казакстан президентинин тун кызы, вице-премьер-министр Дарига Назарбаева бир нече жылдык тыныгуудан соң саясий активдүүлүгүн кайрадан жандантты.

Астанада өткөн Евразиялык аялдардын IV саммитинде сүйлөгөн Дарига Назарбаева аялзатынын үй-бүлөдөгү, ишкердиктеги жана саясаттагы орду тууралуу баяндама жасады. Жыйынга конок болуп катышкан “Бирдиктүү Грузия демократиялык кыймылы” партиясынын лидери, грузин парламентинин мурдагы төрайымы Нино Буржанадзе аялзаты чоң саясатка аралашканда жоопкерчиликтүү чечимдер кабыл алына турганын айтып, Казакстандын саясат айдыңындагы аялдардын катышын жогору баалады.

Казакстан президентинин тун кызы Дарига Назарбаева Астанада өткөн аялдар саммитинде учурдагы казак коомчулугундагы аялзаты алектенген үч тармак боюнча кеп салды. Алгач ишкердиктеги аялдардын эмгегин белгилеген Дарига Назарбаева алар учурда бир үй-бүлөнүн гана эмес, бүтүндөй өлкөнүн жүгүн тартып келатканын айтты. Андан соң үй-бүлөдөгү аялзатынын ордуна токтолгон премьер-министрдин орун басары аялдардын үй-бүлө очогун бекемдөөдөгү өзгөчө түйшүгүн баалады. Андан соң Дарига Назарбаева үчөөн тең салыштыра келип, саясаттагы аялзатынын ишмердигин төмөндөгүчө мүнөздөдү:

- Айымдар ишкердик менен алектенгенде андан кандайдыр бир жыйынтык чыгат. Насыялар төлөнүп, киреше түшүп, үй-бүлөнүн абалын жакшыртууга жана балдарды окутууга мүмкүнчүлүк түзүлөт. Аялзаты үй-бүлөдө болгондо жубайына жана балдарына кам көрөт. Жубайынын карьерасынын өсүшүнө шарт түзүп берет. Мүмкүн акыбети кайткан бул иштер үчүн аларга кимдир бирөө акыры рахмат айтат. Ал эми саясатта аялзаты ким? Саясаттагы аялдардын жашоосунда 24 саат бою – бүтпөгөн сын-пикир, “бардыгы жакпайт, бардыгы андай эмес, мындай” деген менен жүрүп, аягында сага эч ким рахмат айтпайт. Ошондуктан мындай жашоо багытын тандоодон мурда жүз жолу ойлонуп көрүш керек.

Бурджанадзе: аялзаты аралашкан саясат жоопкерчиликтүү

Анткен менен Дарига Назарбаева саясат акыбети кайтпаган ишмердик болгон менен, ал да зарыл экенин жана аны менен дагы кимдир бирөөлөр алектениши керектигин айтты. Ошол эле кезде казак коомундагы аялзатынын орду башка чыгыш өлкөлөрүнөн кескин айырмаланарын айткан Дарига Назарбаева мында батыш менен чыгыштын жакшы жактарын ичине камтыган өзгөчө салт бар экенин белгиледи. Ал арада Дарига Назарбаева эл аралык уюмдар башкаруу органдарындагы жана саясаттагы аялзатынын саны тууралуу Казакстанга дайыма эскертүү берип келгенине токтолду. “Ошондой эскертүүлөрдүн болушу дагы бир четинен бул багытта алдыга кадам таштоого өбөлгө түздү”, – деди Дарига Назарбаева.

Евразиялык аялдар саммитине конок катары чакырылган грузин парламентинин мурдагы төрайымы Нино Бурджанадзе башкалардан айырмаланып, учурда Казакстан коомчулугу аялзатынын саясий лидерлигин таанууга жана колдоого даяр экенин белгиледи:

- Казакстанда аялзаты саясатта болобу же бизнестеби, олуттуу орундарды ээлегенин эске алганда сиздердин өлкө буга даяр. Мен аялдар дайыма саясатта болууга тийиш деп ойлойм. Канча көп болсо, ошончо жакшы. Анткени аялзаты саясатта көп болсо, ал өлкөдө тең салмактуу жана жоопкерчиликтүү чечимдерди кабыл алууга өбөлгөлөр түзүлөт деген ишенимдемин.

Мураскерликке даярдыкпы?

Саммиттин жүрүшүндө Казакстан Борбор Азияда аялдардын ишкердигин өнүктүрүүдө алдыда экени белгиленди. Чакан жана орто бизнести жетектегендердин 42 пайызын аялзаты түзө турганы көрсөтүлдү. Аялдар ишкердигин өнүктүрүү боюнча мамлекеттик программалар ийгиликтүү иштеп, натыйжа берип жатканы айтылды.

Премьер-министрдин орун басары Дарига Назарбаева аялзатына кайрылып, учурдагы эл аралык абал, аскерий чатактар жана өлкөдөгү курч экономикалык кризис тууралуу жаңылыктарды жүрөккө жакын кабыл албоого чакырды. 90-жылдардагы оор учурду эске салган Дарига Назарбаева азыр ким эмне дебесин өлкө бир топ өнүгүп, бутуна турганын эч ким тана албастыгын айтты. Вице-премьер-министр ишкер аялдарды мамлекеттик мүлктү менчиктештирүү жараянына активдүү катышууга чакырды. Айрыкча ал ишкер аялдардын социалдык тармакта мамлекет менен тыгыз кызматташуу маселесин көтөрдү.

Дарига Назарбаева жакынкы келечекте бала бакча, оорукана жана эмкана сыяктуу бир топ социалдык мекемелер менчиктештириле турганын биринчи жолу ушул жыйында белгиледи. 2004-2012-жылдары парламентке эки ирет депутат болуп шайланган Дарига Назарбаева быйыл күзүндө өкмөт башчысынын орун басарлыгына дайындалган. Дарига Назарбаеваны жакында атасы Нурсултан Назарбаев Батыш Европа мамлекеттерине болгон сапарында жанында алып жүргөнүн маалымат каражаттары чагылдырган. Дарига Назарбаеваны бир учурда эл аралык маалымат каражаттары жана казак медиасы атасынын президенттик тактысын алып калууга жөндөмдүү мураскер катары сыпаттап келишкен болчу.

Дарига Назарбаева Казакстандын бийлиги 2007-жылы оор кылмыштарга айыптаганда, Батыштан калканч издеп жүрүп Венада белгисиз жагдайда көз жумган Рахат Алиевдин жубайы болгон. Рахат Алиев оппозицияга ооп, өмүрүнүн соңку жылдарында кайнатасы Назарбаевдин ишмердигин сындаган китеп жазып чыгарган.

Швецияда өзбек жаранынын үстүнөн сот башталды

Обидхон кары Назаров

Швециянын Эстерсунд шаардык соту өзбекстандык диссидент-диниятчы Обидхон кары Назаровго кол салуу окуясын кароого киришти.

Бул кылмышка Орусиядан кармалган Өзбекстандын жараны Юрий Жуковский да шектелүүдө. Сот иши эл аралык мааниге ээ болгондуктан сот залында коопсуздук чаралары күчөтүлгөнү маалымдалды.

Мамлекеттик айыптоочу соттолуучу Жуковскийди кол салууга шектүү деп тапкан далилдерди соттун кароосуна сунуштады. Жуковский быйыл августта Орусиядан кармалып, Швецияга өткөрүлүп берилген болчу.

Прокурор: имамга кол салуу бийликтин буюртмасы

Швециянын Эстерсунд шаардык соту белгилүү диниятчы жана Каримов режиминин сынчысы Обидхон Назаровго кол салуу боюнча ишти кароого киришти. “Азаттыктын” өзбек кызматынын кабарчысы соттолуучу Юрий Жуковский сот залына арткы эшиктен киргизилгенин маалымдады. Анын айтымында, сот күчөтүлгөн коопсуздук шартында өтүп, полиция сотко келгендерди тыкыр текшерүүдө. Бул күнү шаардык сот калган башка иштерди кароону кийинкиге жылдырган. Башында прокурор Петерсон жабырлануучу Обидхон Назаровдун Каримов режимине каяша кайтарган диниятчы жана саясий качкын болгонун баштан-аяк таржымалдады. Мындан сырткары прокурор эл аралык укук коргоо уюмдарынын отчетторунун негизинде Өзбекстандагы дин эркиндигине байланыштуу жагдайды баяндады.

Жабырлануучунун кенже уулу Давутхан Назаров мамлекеттик айыптоо анын атасына болгон кол салуунун саясий буюртма экенин ырастаган далилдерди келтирип жатканына токтолду:

- Мамлекеттик айыптоочу – прокурор айыпкерге байланыштуу далилдерди сотко биринен сала бирин келтирип жатат. Өзбекстандын улуттук коопсуздук кызматы тарабынан менин атама буга чейин болгон басым, коркутуу жана кол салуу фактылары тууралуу фактылар дагы айтылды. Ал мына ошонун бардыгы бул иштин артында саясий буюртма бар экенинен кабар берерин белгиледи. Бул жерде кылмыштын изи Өзбекстанга алып барары көрсөтүлдү. Ошондуктан кылмышты жасоонун артында саясат турганы жана андан башка эч нерсе болушу мүмкүн эместиги сот жүрүшүндө ырасталууда.

Далилдер шардана болгондо

Прокурор Кристер Петерсон Назаровго кол салууга шектелген Жуковскийге каршы далилдерди келтирди. Анда прокурор окуя болгон үйдүн эшигинен, рюкзактан жана анын ичиндеги тапанчадан, кол телефондон алынган манжа издери соттолуучу ижарага алган үйдөн алынган үлгүлөр менен окшош чыкканын билдирди. Ал айыпкердин ДНК анализдери дагы муну тастыктаганын мисал келтирди.

Мамлекеттик айыптоочу кылмыш жасалган куралдан тарта Жуковскийдин ошол учурдагы Швециядагы каттамдарын аныктаган техникалык далилдерди келтирди. Анын окуя болгонго чейин жабырлануучу жашаган шаарга эки ирет барып келгени көрсөтүлдү. Прокурор Жуковский Швецияга келгенге чейин бул жактагы өзбекстандык түгөйлөр Бахадыр Пулатов жана Нодира Аминова менен скайп аркылуу байланышканын тастыктап берди.

Окуяга чейин Жуковский Швециядан туруп бир нече жолу Өзбекстан жана Орусия менен телефон аркылуу байланышканы тастыкталган. Кылмышка шектелген Юрий Жуковский бул окуядан кийин тез арада Орусияга чыгып кеткен. Ал быйыл августта кармалып, Орусия аны Швецияга өткөрүп берген болчу. Биринчи жолу Жуковскийдин саясий качкындын өмүрүнө кол салуусуна катышы бардыгы тууралуу далилдер 2012-жылы жайында табылган. Анда Жуковскийдин жабырлануучу жашаган шаардагы видео байкагычка түшүп калган тасмасы чыккан. Прокурор Петерсон Жуковский 2011-жылы Латвиянын элчилигине шенген визасын алуу үчүн бир нече жолу кайрылып, акыркысында “Пахтакор” футболдук клубунун өтүнүчү менен алганын билдирди.

2012-жылы 22-февралда Швециянын Стромсунд шаарында Обидхон Назаровго куралдуу кол салуу болуп, октон оор жараат алган диниятчы үч жылдан бери оорудан оңоло албай, бир нече операцияны баштан кечирген.

Өзбекстанда диниятчыларга кысым күчөдү

Өзбекстандын тартип сакчылары

Өзбекстанда кайсы бир диний уюмдарга мүчө же “Ислам мамлекети” террордук тобу менен кызматташышы мүмкүн деген шек менен жарандарды кармап, камакка алган учурлар массалык мүнөзгө өттү.

Мындан үч жума мурун Ташкенде башталган жарандарды жапырт кармап, камакка алуулар Өзбекстандын башка аймактарына да жайылды. Бул тууралуу билдирген көз карандысыз укук коргоочулардын демилгелүү тобунун жетекчиси Сурат Икрамовдун айтымында, өзбек күч түзүмдөрү учурда Кокон, Фергана жана Наманган сыяктуу башка шаарларда дагы ар кандай чабуулдарды алдын алуу үчүн шектүү адамдарды кармап, камакка алуу чараларын күчөттү.

Буга чейин Ташкен шаары жана Ташкен облусу боюнча эле камакка алынгандардын саны 200 адамдан ашканы айтылган эле. Ал эми өзбек бийлиги өлкө боюнча кармалып, камакка алынгандардын так саны жана аларга коюлуп жаткан айыптоолор туурасында үн ката элек.

Өзбекстандык укук коргоочу Сурат Икрамов буларга токтолду:

- Кармалгандардын саны эки жүз адамдан ашты деп сиз менен сүйлөшүп жаткан учурда дагы жаңы кармоолор болуп жатышы мүмкүн экенин айтар элем. Кармоолор ушунчалык көбөйдү! Бүгүн да мага Заңгиата аймагынан эки аксакал келип, кармалган уулдарынын абалы оор болгонун, кармалган адамдар туурасында бир нече убакыт өткөндөн кийин гана билип жатышканын айтышууда. Ошондуктан кармалгандардын так саны боюнча маалымат жок.

16-ноябрда “Азаттыктын” өзбек кызматына өзүн “Хизб-ут Тахрир” уюмунун жергиликтүү мүчөсү деп тааныштырган киши Ташкен шаарынын Шайхонтоҳур жана Алмазар, Ташкент облусунун Зангиота аймагында камакка алынгандардын саны 160 адамдан ашканын кабарлаган болчу. Анын айтымында, Заңгиата аймагындагы Алтынтөбө, Эшенгүзар, Назарбек конуштарындагы диний чөйрөгө жакын адамдар болгон.

Аймактарды аралаган камакка алуулар

Сурат Икрамов жапырт кармоолор Өзбекстандын башка аймактарында дагы катуу жүрүп жатканын белгиледи:

- Учурда Наманган, Кокон, Фергана шаарында кармап, камакка алуулар күчөтүлгөнү тууралуу маалымат бар. Бир эле учурда 10-20 адам үйүндө отурган жеринен эле кармалууда. Алар кандай кылмышка шектелип жатканы жана коюлган айыптоолор туурасында толук маалыматтар жок. Ушундай эле көрүнүш Хорезмде да бар. Ушул убакта Кашкадарыя облусунан кабар күтүп отурам. Анткени ал жакта да ошондой эле жапырт кармоолор жакында башталганы бизге кабарланган болчу.

2012-жылы АКШнын атайын кызматы кармаган Жамшид Мухтаровдун иниси Хуршид Мухтаровго Өзбекстандын тартип коргоо органдары 13-ноябрда эл аралык издөө жарыялаган.

2014-жылы Сирияга кеткен Хуршид Мухтаров былтыр Би-Би-Сиге курган маегинде Борбор Азиядан барган жүздөгөн адамдар “Ислам мамлекети” террордук тобунун курамында согушуп жүрүшкөнүн айткан болчу. Ар кайсы булактардын маалымдашынча, Сирияга кеткен өзбекстандыктардын саны беш жүздөн миңге чейин болушу мүмкүн.

Ал арада ошол жарандардын тымызын мекенине кайтканы туурасында эл арасында имиш кептер жайылууда. Өзбекстандын күч түзүмдөрү күчөтүлгөн тартипке өтүп, шаарлардын кире бериштерине блок-постторду коюшкан. Ошондой эле паспорттук режим күчөтүлүп, тартип сакчылары үймө-үй кыдырып, жарандардын өздүгүн текшере баштаганы айтылды.

Тартип коргоо органдарынын тузагына диний уюмдарга мүчө болгондор жана чет өлкөдө иштеп жүрүп келген мигранттар көбүрөөк илинип жатканы буга чейин маалымдалган болчу.

Назаровго кол салуу артында Ташкент турабы?

Швециядан башкалка тапкан Обидхан Назаров

Швециянын Башкы прокуратурасы белгилүү өзбек диниятчысы Обидхон кары Назаровго кол салуу боюнча тергөөнү бүтүп, ишти кароону Остершунд шаардык сотуна берди.

Бул ишти иликтеген тергөөчү Кристер Петерсондун айтымында, 23-ноябрга дайындалган сотто имамды өлтүрүү аракетине шектелип кармалган Юрий Жуковскийдин артында өзбек бийлиги турган жагдай каралат. Быйыл август айында кармалган Жуковскийди Орусия Швецияга өткөрүп берген болчу.

Ташкендин “тапшырмасы”

Швециянын Башкы прокуратурасынын тергөөчүсү Кристер Петерсон өзбек диниятчысы Обидхон Назаровго кол салуу фактысы тергелип бүтүп, иш сотко өткөрүлгөнүн билдирди.

Тергөө кылмышка шектүү өзбек жараны Юрий Жуковскийге “имамга кол салууну бийликтин буюртмасы менен аткарган” деп айыптоо корутундусун чыгарды.

Өзбек диниятчысы, Каримов режиминин ашынган сынчысы жана саясий качкын Назаров 2012-жылы 22-февралда Швециянын Стромсунд шаарындагы үйүнүн жанынан башына ок жеп, бирок тирүү калган. Мына ошондон бери 57 жаштагы Обидхон Назаров оор абалда ооруканада жатат. Швециянын тергөө органдары бул иш боюнча өзбек бийлигин түздөн-түз айыпкер катары жоопко тарта албайт.

Бирок ага карабастан тергөөчү Кристер Петерсон “Азаттыктын” өзбек кызматына айыпкер буюртма аткарганы боюнча далилдер бар экенин айтты:

- Айыптоо корутундусунда бул кылмыштын артында түздөн-түз президент Ислам Каримов же анын атайын кызматы турат деген сөз жок. Ошондуктан сотто аларга каршы конкреттүү айып коё албайм. Ушуга байланыштуу өзбек бийлиги тергөөдө мени менен кызматташкан жок. Бирок тергөөнүн жүрүшүндө мен айыпкер Жуковскийдин өзбек бийлигинен же ортомчулардан көрсөтмө, буйрук жана көмөк алып турганын ырастоочу фактыларды аныктадым.

Имамдыктан саясий качкынга чейинки жол

Обидхон Назаров Ташкенттеги чоң мечиттин имамы болгон. 1990- жылдардын орто ченинде ал Өзбекстандын муфтийлигине талапкерлердин бири катары каралган. Бирок өзбек бийлигинин мечиттер менен имамдардын үстүнөн көзөмөлдү күчөткөнү Назаров баш болгон диниятчылардын сынына кабылган.

Андан кийин ал кызматынан алынып, ага карата кылмыш иши козголгондо Назаров Казакстанга качкан. Өзбекстандын атайын кызматы кийин аны 1999-жылдагы Ташкенттеги жардырууга катышы бар адамдардын бири катары эл аралык издөөгө берген. Жети жылга чукул Казакстанда жашаган Обидхон Назаров 2006-жылы Швециядан саясий башпаанек алган. Бирок Өзбекстан ага коюлган айыптоону иликтеп чыгып, аны аягына чыгаруунун ордуна эмнегедир 2011-жылы эл аралык издөөнүн тизмесинен чыгарган.

Назаровго кол салууга шектүү деп табылган Юрий Жуковский Орусиянын аймагынан кармалган. Бул иш боюнча алдыдагы аптада боло турган сот иши биринчиси эмес. 2012-жылы июнда бул кылмышка көмөктөшкөн деген айып менен Швецияда өзбекстандык түгөйлөр Баходыр Пулатов менен Нодира Аминова кармалган. Бирок сот далилдер жетишсиз деген негизде ал түгөйлөрдү камактан бошоткон. Тергөөчү Петерсон бул жолу айыпкерге карата далилдер жетиштүү экенин мындайча белгиледи:

- Биз сотко тапшырган айыптоо корутундусунда айыпкердин телефондук байланыштары, күбөлөрдүн көрсөтмөлөрү, видеобайкагычтан алынган тасма сыяктуу техникалык далилдер бар. Ошонун баары окуя болгон учурда Жуковскийдин Стромсунд шаарында болгонун далилдейт. Курал салынган рюкзакта анын манжаларынын изи калган. Менимче, бул өтө күчтүү далил базасы топтолгон айыптоо корутундусу болду. Тергөөдө айыпкер буга карата эч нерсе дей алган жок. Анын ордуна ал болгону чындыкты ача албасын жана үй-бүлөсүнүн тагдырынан коркорун кайталап жатты.

Саясий качкын Обидхон Назаров 2012-жылкы жолку кол салуудан бери ооруканада жатат, ага бир нече жолу операция жасалды. Тергөө бул ишке Өзбекстандагы “Пахтакор” футболдук клубунун жетекчисинин өтүнүч каты менен виза алып, Швецияга келген өзбек жараны Юрий Жуковскийди шектүү деп тапкан.

Айыпкер Назаровго кол салуунун алдында ал жашаган Стромсунд шаарына эки ирет барганы аныкталып, андан кийин Орусияга качканы такталганда Швециянын соту аны камоого сыртынан санкция берген. Ага карата тергөө материалдарын карап чыккан Орусиянын тартип коргоо органдары быйыл Жуковскийди кармап, Швецияга өткөрүп берген.

Назарбаев: ордун бошотпогон жетекчилерди сындады

Назарбаев: ордун бошотпогон жетекчилерди сындады
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:16 0:00

Назарбаев ордун бошотпогон жетекчилерди сындады

Нурсултан Назарбаев кызы Дарига Набарбаева менен. 2015-жыл

Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев өкмөттүн кеңейтилген жыйынында жетекчилер бир орунда көпкө отурганын сынга алды.

Бул “бардыгына тиешелүү” экенин айткан Назарбаев бийликтин бардык тепкичинде 25 жылдан бери бери креслосун кучактап отургандар мыйзамда көрсөтүлгөн мөөнөттө пенсияга кетип, жаштарга орун бошотушу керектигин эскертти. Өзү жыйырма беш жылдан бери мамлекетти үзгүлтүксүз башкарып келе жаткан Нурсултан Назарбаевдин мындай саясий билдирүүсү бир кыйла табышмактуу болду.

Экономикадан кадрдык көйгөйгө

Астанадагы өкмөттүн жыйыны башында өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн 2015-жылдагы жыйынтыгына багытталган болчу. Он айдын жыйынтыгындагы өлкөдөгү инфляциянын деңгээли, төлөм балансынын 4 миллиард долларга жетишпестиги жана экспорт-импорттун кыскарышы сыяктуу экономикалык оор абал талкууланды. Мындай шартта чыгымдарды кыскартуу керек деген салттуу талкуудан кийин эле Назарбаев кадр саясатынын көйгөйлөрүн көтөрдү. Баарынан кызыгы, анын кызматын тапшырып бергиси келбегендерге карата айтылган адаттан тыш билдирүүсү болду.

Президент Нурсултан Назарбаев мамлекеттик башкарууда артынан кадр даярдоо салты унутта калып, креслону бошоткусу келбеген жетекчилер көбөйгөнүн айтты:

- Кез келген жетекчи кадрга өзүңдүн ордуңду баса турган адамды даярда деп милдет коюшу керек. Бул бардыгыбызга тиешелүү. Азыр эми алмаштырайын деп адам издесең таппайсың. Эч ким жок. Сурасаң “ордума коё турган эч ким жок, бардыгын өзүм жалгыз аткарып келгем, менден башкасы начар” деп жооп беришет. Эгерде иш жүрбөй жаткан болсо, жетекчинин өзүн алмаштыруу керек деп далай жолу айттым эле.

Бирок Назарбаев муну менен мамлекеттик бийликте иштеген кайсы жетекчи же ири аткаминер тууралуу кыйытып жатканын ачык айткан жок. Ошондой эле ал жакында “мамлекеттик кызмат тууралуу” мыйзамга вето коюп, аны кайра парламенттин кароосуна жөнөткөнүн билдирди. Президенттин айтымында, мыйзамдын жаңы долбооруна мамлекеттик кызматкерлер пенсия жашына жеткенде аларды эс алууга кетирүүнүн так аныктамасы киргизилүүгө тийиш.

Назарбаев: ордун бошотпогон жетекчилерди сындады
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:16 0:00

Мансапкордукка байланган мамлекеттик кызмат

Президент маселе коюп, бирок аны чечүүнүн жолдорун билбегени аз келгенсип, көптөн бери кызмат ордун бошотпогон жетекчи-кадрлардын өздөрү көйгөй экенин мисал келтирди. Бул бардыгыбызга тиешелүү деген Нурсултан Назарбаев бийликте отургандан кийин аны бошотуп берүүнү дагы унутпоо керектигин эске салды:

- Жакшы билим алган жаш адистер бар. Бирок аларды эч кайда коюшпайт. Жыйырма беш жылдан бери бардыгын ары-бери көтөрүп жүрөбүз. Болду, бүттү. Ар биринин пенсияга чыга турган учуру бар. Мына ошол мыйзамдуу мөөнөттү так сактоо керек. Бул саясий кызматтагыларга дагы тиешелүү. Бүтүндөй Казакстан боюнча бийликтин ар бир тепкичинде качантан бери отургандарды мен жакшы билем.

Бул маселе тууралуу 1989-жылдан бери бийликте отурган 75 жаштагы Казакстандын алмашкыс президенти Нурсултан Назарбаевдин минтип сүйлөгөнү көптөргө табышмактуу сезилери бышык. Анткени анын саясий каршылаштары Назарбаев конституциялык мөөнөттү бир нече жолу бузуу менен улам-улам президенттикке шайланып келгенин сындаганы бар. Быйыл апрель айындагы кезексиз президенттик шайлоодо Нурсултан Назарбаев 97,7 пайыз добуш алып, жаңы мөөнөткө шайланган. Буга чейинки Казакстандагы бир дагы шайлоо Батыштын байкоочулары тарабынан демократиялык стандарттарга туура келет деп табыла элек.

Умаралинин сөөгү Тажикстанга жеткирилди

Умаралинин кантип чарчап калганы белгисиз

Санкт-Петербург шаарында чарчап калган беш айлык Умарали Назаровдун сөөгү 16-ноябрда Тажикстандын Файзабад районунда жерге берилди.

Наристенин энеси 16-ноябрда орус бийлиги тарабынан депортацияланып, Дүйшөмбүгө учуп келди. Аны аэропорттон туугандары тосуп алды.

"Карго” деген мөөр басылган жыгач жашикке салынган Умаралинин сөөгү Файзабад районундагы Калаа-Дашти кыштагында жерге берилди.

- Балам эмнеден улам чарчап калганын мага айтпай коюшту. Мени депортациялап салышты. Уулум ооруган эмес. Алар колуман алып жатканда дени сак эле, талпынып, ойноп турган, - деди кайгыга муунган баланын энеси Зарина Юнусова.

Жаш эне орус бийлиги уюштурган соттук-медициналык экспертизанын бүтүмүнө макул эмес. Ал өзүн кыска убакыт ичинде депортациялап жиберүү менен орус бийлиги бул иштин чоо-жайын тыкыр иликтөөдөн качып жатат деген пикирде. Заринанын күйөөсү Рустам Назаровдун таякеси Махкам Абдуллоев тырмактай наристе кандайдыр бир топтордун курмандыгы болгон деген ойдо:

- Умарали бир оюндун курмандыгы болду. Орусиядагы Тажикстандын элчилиги Москвадан атайын көз карандысыз эксперттер келип, баланын сөөгүн экспертиза кылат деп жатышат.

14-октябрь түнү Тажикстандан Орусияга барып иштеп жүргөн Рустам Назаров менен Зарина Юнусованын беш айлык баласы Умарали белгисиз себептерден улам Санкт Петербургдагы ооруканада чарчап калган. Андан бир нече саат мурда Петербургдун полициясы жубайларды батиринен миграциялык мыйзамды бузду деп кармап, убактылуу камоочу жайга алып барып, баланы алып кетишкен.

Умаралинин өлүмү боюнча кылмыш иши козголуп, соттук-медициналык териштирүү жүрүп, капилет өлүмгө өтө тез козголгон дем алуу органдарынын оорусу себеп болгон деген жыйынтык чыккан. Баланын дени сак экенин айткан ата-эне мындай тыянакты четке кагып, Умаралинин өлүмүн полициядан көрүүдө.

Наристенин өлүмү Орусия менен Тажикстанда коомдук резонанс жаратты. 11-ноябрда Орусиянын балдар укугу боюнча жооптуу өкүлү Павел Астахов ишти кайра карап чыгууну талап кылган. 14-ноябрда Петербургда 200гө чукул киши Марсов аянтында чогулуп, Умаралини эскерүү митингин өткөрүштү. Тажик бийлиги бул ишти иликтөө көзөмөлдө турганын айтып келет.

Маргалаң тургунунун 18 небереси Сирияда жүрөт

"Ислам мамлекети" террордук тобунун байрагын көтөргөн киши. Сирия.

Өзбекстандын Маргалаң шаарында балдары Сириядагы согушка кеткени билинген бир бүлө кыйын күнгө кабылды. Колу-кошуналар бул үйгө кирип-чыгууну токтотуп, анда жашагандар атайын кызматтардын катуу көзөмөлүндө.

Ал аз келгенсип ошол тегеректе жашагандар бул үй-бүлөнү көчүрүп жиберүү маселесин да козгоодо. Карыган ата-эне балдары Сирияга кеткенин күч органдарынан укканын, алар Түркияга иштегени кеткен деп жүрүшкөнү айтылууда.

Фергана облусундагы Маргалаң шаарынан 18 киши Сириядагы согушка кеткени сентябрь айында белгилүү болгон. Эми алардын баары бир үй-бүлөдөн чыкканы– мурдагы милиция кызматкери Мухаммадсадык Ташбалтаевдин неберелери экени аныкталып отурат. Шаардагы Галатой конушунда жашаган бул кишинин төрт небереси бала-чакасы менен Түркияга иштегени барабыз деген бойдон дайын-дарексиз кеткен.

“Азаттыктын” өзбек кызматына жергиликтүү бир тургун Сирияга кеткен 18 адамдын баары жогоруда сөз болгон Ташбалтаевдин уулу Ахаджан менен келини Матлубахандын перзенттери экенин билдирди. Анын айтымында, бул үй-бүлөнүн үч уул, бир кызы быйыл август айына чейин бала-чакасы менен Өзбекстандан чыгып кеткен. Алгач Индияда диний билим алган Абдужаббор аттуу бир уулу аялы менен үч баласын алып Сирияга жол тартат. Анын артынан Абдусамат деген чоң уулу кетип, Маргалаңда калган аялы менен төрт баласын чакырат. Андан кийин карындашы күйөөсү менен үч баласын алып, агаларынын жолун улайт. Ошентип баш-аягы 18 адам аз эле убакта Сирияда болуп калат.

Карыган ата-эне балдары Сирияга кеткенин сентябрь айында үйүнө келген атайын кызматтын өкүлдөрүнөн угат. Ошондон тарта бул үй көзөмөлгө алынып, карыган кемпир-чал айыл аралап баса албай калат. Мамлекеттик коопсуздук кызматынын кишилери “Балдарыңызды чакырыңыз, эртең бир ууртам сууга зар болуп калсаңыз, сизге ким кам көрөт”, - деп атанын айласын кетирип жатышыптыр дейт "Азаттыктын" өзбек кызматы менен байланышкан маргалаңдык тургун.

Ал андан ары бул окуядан соң маале башчысы менен аялдар иштери боюнча кеңешчиси кызматтан алынып, жергиликтүү калк мындай үй-бүлөгө орун жок, чыгып кетсин деп жатышканын кошумчалады. Ошол эле учурда карыган ата-энеге карата бийликтин мындай басым-кысымын айыптагандар да жок эмес экен.

"Азаттыктын" кабарчысы бул окуя боюнча Маргалаң шаар бийлигине чыгып, эч кандай жооп ала алган эмес. Шаардагы маале комитеттеринин биринин атын айткысы келбеген кызматкери Галатой конушунан Сирияга кеткендер жана кетүүгө камынгандар болгонун ырастап гана тим болду.

Аталган мааледен кабар алып келген ферганалык укук коргоочу Абдусалам Эргашев Ташбалтаевдин үй-бүлө мүчөлөрү катуу көзөмөлдө тургандыктан сүйлөшүүгө мүмкүн болбогонун айтат:

- Мен Мухаммадсадык Ташбалтаевдин колу-коңшулары жана аны тааныгандар менен сүйлөштүм. Алар да бул төрт үй-бүлө четке иштегени кеткен деп жүрүшкөнүн, алардын Сирияга кеткенин жергиликтүү гезиттер менен милициянын маалыматтарынан гана билишкенин айтып жатышат. Азыр жашы 80ден ашып калган Мухаммадсадык Ташбалтаев совет доорунда милицияда иштеген экен. Аны тааныгандар бул үй-бүлөнүн диндарлыгын да билишпегенин айтышты. Эгер алар Сирияга кеткени ырас болсо туура эмес иш кылышыптыр, биз аларды эч качан актабайбыз деп жатышат.

Ферганалык укук коргоочу Абдусалам Эргашев андан ары соңку бир жыл ичинде облус аймагында Сирияга жол тартууга камынып жатканы аныкталган дагы 5-6 адамга козголгон иштен кабары бар экенин, алардын баары Сирияга баруу ниетинде болгонун кошумчалады. Анын сөзүнө караганда, өзбек тартип коргоо органдары Сириядагы согушка кеткен же ал жакка аттанганы жатканда кармалгандар тууралуу маалыматтарды жарыялабаганы менен бийликтер жер-жерлердеги имамдар жана маале комитеттеринин үгүтү аркылуу жарандардын Сирияга кетүүсүн токтотуу аракеттерин көрүүдө.

Канткен менен акыркы убакта өзбек бийлиги Сириядагы "Ислам мамлекети" террордук тобунун катарына кошулуп кеткен жарандары боюнча бир канча расмий маалыматтарды жарыялаган. Алардын акыркысында учурда 200 чакты өзбек жараны аталган топтун курамында согушуп жүргөнү айтылган. Маселен, өлкөнүн Мусулмандар дин башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Абдулазиз Мансур быйыл мартта ошол 200 жакты жарандын экөө-үчөө гана Өзбекстандан Сирияга түз кеткенин билдирген.

Бирок Борбор Азия боюнча эксперттер Сирия менен Иракта 500 чакты өзбек жараны согушуп жүргөнүн айтса, расмий эмес башка маалыматтарда алардын саны миңден ашары белгиленип жүрөт.

Өзбек диссиденти 21 жылдык абактан чыкты

Мурад Жураев (солдо) азаттыкка чыккан алгачкы саатта. Ташкен облусу, 12-ноябрь, 2015.

Өзбекстанда оппозициялык саясатчы, парламенттин мурдагы депутаты, 21 жылдан бери камакта отурган Мурад Жураев эркиндикке чыкты.

Жергиликтүү жана эл аралык укук коргоо уюмдары менен Жураевдин жактоочулары анын камалышына саясий көз карашы себеп болгонун, бул иштин артында саясат турарын айтып келишкен. Оппозициялык саясатчы АКШ мамлекеттик катчысы Жон Керри Өзбекстанга иш сапары менен келип, президент Ислам Каримов менен жолугушуп кеткенден он күндөн соң азаттыкка чыгып отурат.

Жыйырма жылдан ашкан абактагы азап

Оппозициялык саясатчы, кырктын кырынан эми гана өткөндө камакка алынып, 21 жылдык өмүрүн абакта өткөргөн Мурад Жураев 12-ноябрда эртелеп Ташкендин жанындагы Чирчик абагынан азаттыкка чыгарылды. Саясий туткунду Өзбекстандагы бир ууч укук коргоочулар менен жакындары тосуп алды. “Эзгулик” деп аталган жергиликтүү укук коргоо уюму ал абактан чыгар замат жакындарынын коштоосунда кичи мекени Кашка-Дарыя облусуна жөнөп кеткенин кабарлады.

Мурад Жураев 1991-92 жылдары өзбек парламентинин депутаты болгон. Бир канча жыл Кашка-Дарыя облусундагы мунайга бай Мубарак шаарын да башкарган.

Ал өткөн кылымдын 90-жылдарынын башында Өзбекстандагы демократялык кыймылдарга, демократиялык коом куруу аракеттерине аралашып, Өзбекстандын эгемендиги үчүн күрөшкөн адамдардын бири катары аталат. Эгемендик алган алгачкы жылдарда да өзбек бийлиги тандаган жол туура эмес экенин ачык айтып, бийликке тайманбай сын айтып жүрүшү аны акыры абакка алып келгени айтылып жүргөн.

Азыр 62 жаштагы Жураев 1994-жылы өкмөттү төңкөрүүнү пландаган деген айып менен камакка алынган. 1995-жылы Өзбекстан Жогорку Соту аны ушул эле айып менен 12 жылга кесип, бирок "абактын ички тартибин бузду" деген шылтоо менен жаза мөөнөтү кеминде төрт жолу узартылган.

Мурад Жураевди жакшы билгендердин бири, акын Дилора Искакова саламаттыгына карабай жаза мөөнөтү улам узартылып, 20 жылдан ашуун абакта отурушун анын дале айтканынан кайтпай, бийликке баш ийбеген мүнөзүнөн көрөт. Былтыр анын жаза мөөнөтү дагы узартылган учурда ал "Азаттыктын" өзбек кызматына буларды айткан эле:

- Мурад Жураев Мубарак шаарында бир канча жыл аким болуп туруп үй-бүлөсү үчүн бир үй да салган эмес. Бирок шаар үчүн, шаар калкы үчүн көп иш жасаган. Өзбекстандын эгемендиги үчүн учурунда өзүн унутуп күрөшкөн инсандардан. Ал дайыма туура сүйлөп, чындыкты гана айтчу. Кийин аны өлтүрмөкчү да болушту. Көчөгө велосипед менен чыккан уулу сырдуу жагдайда өлүмгө кабылды. Бул киши камактагы 20 жылдык азапка карабай эч кимди сатпады. Камактан чыгуу үчүн ырайым сурап, ар кандай кат-кайрылууларга да кол койгон жок.

Мурад Жураев эл аралык укук коргоо уюмдары, кала берсе бир канча өлкөлөрдүн өкмөттөрү тарабынан Өзбекстанда эң узак камалган саясий туткун деп табылып, өзбек бийлигине бир канча жолу аны бошотуу талабы коюлуп келген.

Жон Керриге жооп болдубу?

Мындан эки жумадай мурда Борбор Азия сапарынын алкагында Өзбекстанга келген АКШ мамлекеттик катчысы Жон Керри Самаркандда президент Ислам Каримов менен жолугушкан эле. Анын алдында эл аралык укук коргоо уюмдары Керрини Өзбекстанда адам укуктарына байланышкан маселени да козгоого чакырган.

Америкадагы айрым басылмалар Жон Керринин бул сапары тууралуу материалдарында Өзбекстандагы адам укуктары боюнча абал ачык айтылбаса да жабык сүйлөшүүлөрдө сөз болушу, асыресе саясий туткундарды бошотуу тууралуу кеп козголушу ыктымалдыгын жазып чыгышкан. Байкоочулар Өзбекстанда эң узак камалган Жураев Жон Керри келип кеткенден көп өтпөй эркиндикке чыгышын ошол жабык сүйлөшүүлөрдүн натыйжасы катары баалап жатышат.

Өзбекстанда өлкө жетекчилери АКШнын мартабалуу өкүлдөрү менен жолугушар алдында, же кездешкенден кийин саясий себеп менен камалгандар бошотулган учурлар буга чейин да болуп келген. Маселен, президент Каримовду кызматтан кетүүгө үндөгөн чакырыктары үчүн камалган акын Юсуф Жума 2011-жылы АКШнын ошол туштагы мамкатчысы Хиллари Клинтондун визити учурунда бошотулуп, көп өтпөй АКШдан баш паанек алып кеткен.

Өзбек абактарында азыр деле бир канча адам саясий жүйө менен отурат. Алардын арасында кесиптик ишмердиги үчүн камалган журналисттер да бар. Саламаттыгы күн санап начарлаганына, а түгүл жашы улгайып баратканына карабай бийлик ар кандай шылтоо менен алардын жаза мөөнөтүн узартып келет.

21 жылдан бери камакта отурган Мурад Жураев эркиндикке чыкты.

21 жылдан кийин эркиндикке чыккан оппозиционер
please wait

No media source currently available

0:00 0:00:33 0:00

Казакстан Европа менен жакындашат

Казак президенти Нурсултан Назарбаев жана Еврокомиссиянын президенти Жозе Мануэл Баррозу. 9-октябрь, 2014-жыл

Расмий Астана Казакстандын көп вектордуу тышкы саясатын сактап каларын дагы бир ирет бышыктады.

Астанада өтүп жаткан экономикалык форумда премьер-министр Карим Масимов келе жаткан айда Европа биримдиги менен кызматташтык жана өнөктөштүк боюнча жаңы кеңейтилген келишимге кол коюла турганын билдирди. Ошондой эле ал Астана Орусия баш болуп кирген Евразиялык биримдикти экономикалык долбоор катары гана колдой турганын жарыялады.

Астананын күтүүсүз кадамы

Карим Масимовдун билдирүүсү расмий Астана Европа биримдиги менен мамилени тереңдетүүгө кызыкдар экенин айгинеледи. Анын үстүнө өкмөт башчынын бул билдирүүсү президент Назарбаевдин жакында Батыш Европага жасаган расмий визитинен кийин болду. Соңку жылдары Астана менен Брюссель өнөктөштүктү жакшыртуу боюнча макулдашууну карап жаткан. Евробиримдик Борбор Азияда чоң экономикалык мүмкүнчүлүгү бар жана Евразиялык экономикалык союздагы Орусиянын негизги өнөктөшү болгон Казакстан менен кызматташууну бекемдөөгө кызыкдар экенин ырастап келатат.

Ошол эле кезде өкмөт башчы Карим Масимов өткөн шаршембиде Астана клубунда сүйлөп жатып, Казакстан бийлиги Орусиянын демилгеси менен түзүлгөн Евразиялык союзду экономикалык долбоор катары гана карай турганын айтты. “Казакстан бул долбоорду саясий жагы жок, прагматикалык мүнөздөгү экономикалык долбоор катары колдойт. Биздин позициябыз ушундай”, – деген премьер-министр Карим Масимовдун сөзүнө өкмөттүн маалымат кызматы жазып чыкты.

Билдирүүгө түрткү болгон “ички чыңалуу”

Эксперт Досым Сатпаев өкмөт башчысынын бул билдирүүсү өлкө Евразиялык биримдикке киргенден кийинки казак коомчулугундагы чыңалууну жайгаруу үчүн гана айтылды деген ойдо:

- Бул биринчи кезекте Казакстандын ичиндеги интеграциялык долбоорго карата сын-пикирдин көбөйүүсүнө байланыштуу. Башында, мисалы үчүн, бул Евразиялык экономикалык биримдиктин болочогуна карата сын-пикирин Казакстан коомчулугундагы саясий жактан кызыкдар бөлүгү жана эксперттик чөйрөнүн айрымдары гана айтып келсе, азыркы учурда ишкерлер айтып чыга башташты. Бул өз кезегинде коомчулукта чыңалууну жаратып, кырдаалды курчутуп жатат. Мына ошол абалды жөнгө салуу үчүн аткаминерлер Евразиялык биримдик болгону экономикалык гана долбоор дегенди көп кайталай башташты. Бирок, турмуш бул долбоор экономикалык эмес, саясий долбоор экенин көргөздү.

Ошол эле кезде Карим Масимов Евробиримдик жана АКШ менен болгон өзгөчө мамиле улантыларын айткан. Мындан сырткары ал Казакстан Кытайдын “Бир жол, бир кур” программасын ишке ашырууга кызыкдар экенин ырастаган. Карим Масимов президент Нурсултан Назарбаев дүйнөнүн бардык өлкөлөрү менен жакшы мамиле түзүүгө багытталган көп вектордуу тышкы саясат жүргүзүүгө ынтызар экенин кошумчалады.

Евробиримдик менен Казакстандын ортосунда быйыл декабрь айында кол коюла турган келишим эки тараптын ортосундагы экономикалык мамилени жөнгө салууга багытталган. Анда соодада, кызмат көрсөтүүдө жана чийки зат ташуудагы техникалык эки ортодогу тоскоолдуктарды алып салуу жагы каралат. Ошондой эле ал макулдашуу аймактык коопсуздукту чыңдоодо жана террорчулукка каршы күрөшүүдө жакындан кызматташууну көздөйт.

Буга чейин Орусиянын президенти Путин Евразиялык экономикалык биримдиктин аймагына бирдиктүү валюта киргизүү боюнча өнөктөштөр менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө убакыт келгенин айткан. Бирок ошол эле кезде Казакстандын экономика министринин орун басары Тимур Жаксылыков ал сунушту четке кагып, Евразиялык биримдиктин алкагында бирдиктүү валюта киргизүү мүмкүнчүлүгүн кароого бир топ убакыт бар экенин белгилеген болчу.

21 жылдан кийин эркиндикке чыккан оппозиционер

21 жылдан кийин эркиндикке чыккан оппозиционер
please wait

No media source currently available

0:00 0:00:33 0:00

Тажик кызды өлтүргөн орус офицери камалды

Кулябдагы орус аскер базасы. Тажикстан

Орусиянын Тажикстандагы 201-аскер базасынын аймагында киши колдуу болгон тажик жараны Шоира Жобированын сөөгү туугандарына берилди.

Укук коргоо органдары бул жаш кыздын өлүмүнө аскер базасынын кызматкери, офицер Иван Щербаковду шектүү катары белгилешкен.

Токмоктон өлгөн жаш кыз

Жыйырма эки жаштагы Дүйшөмбү шаарынын тургуну Шоира Жобированын сөөгү 11-ноябрь күнү эртең менен Тажикстандын Коргоо министрлигинин аскер госпиталынан чыгарылып, туугандарына берилди. Өлүкканада иштегендер “Азаттыктын” тажик кызматынын кабарчысына каза болгон Шоиранын ээги сынганын, көзүнүн алды көгала болуп, бир буту чыгып, желкесинде токмоктун изи түшкөнүн айтышкан.

Шоира Жобирова
Шоира Жобирова

Каза болгон кыздын туугандары Шоира 5-ноябрда үйүнөн чыккан боюнча кайра кайтып келбегенин айтышкан. Буга чейин каза болгон кыздын туугандары анын сөөгү белгисиз себептер менен берилбей жатканына нааразы болушкан. Шоиранын жездеси Ноурыз Султонов сөөктү көрүп чыкканын айтып, андагы ур-токмоктун белгилери туурасында мына буларга токтолду:

- Анын сөөгү үч күндөн кийин табылыптыр. Ал өлтүрүлгөн соң, сөөгүн кутуга ороп, таштанды төгүүчү контейнерге ыргытып жиберишкен экен.

Тажикстандын нааразылык нотасы

10-ноябрь күнү Тажикстандын тышкы иштер министри Сирожидин Аслов Орусиянын ыйгарым укуктуу элчиси Игорь Лякин Фроловду чакырып, Дүйшөмбү шаарындагы орус аскер базасынын ичинде тажик жараны Жобированын мыкаачылык менен өлтүрүлүшүнө байланыштуу тынчсыздануусун билдирди. Тышкы саясат мекемесинин расмий сайтында жолугушууда элчиге бул окуя салттуу достукка жана өнөктөштүккө туура келбестиги айтылганы көрсөтүлгөн. Ошондой эле жолугушуунун жыйынтыгында Орусиянын элчисине нааразылык нотасы тапшырылган. Анда “тажик тарап Орусиядан окуяга объективдүү баа берип, тиешелүү чара көрүүнү жана мындан ары аскер базасынын кызматкерлеринин жоболоңдуу жоосунуна жол бербөөнү талап кылат” деп айтылат.

Иван Щербаков.
Иван Щербаков.

- Биз алардын бардыгынын түрмөгө отурушун талап кылабыз. Алар менин сиңдимди өлтүргөнү үчүн жооп берүүгө тийиш. Алардын бардыгы жазалансын. – дейт маркумдун бир тууган эжеси Мохира Жобирова.

Орусиянын Тажикстандагы 201- аскер базасынын офицери Иван Щербаков тажик кыздын өлүмүнө шектелип, 9-ноябрда кармалган. Тажикстандын укук коргоо органдары ага карата кылмыш иши козголуп, тергөө иштери жүрүп жатканын жарыялаган. Шаардык милициянын тергөө бөлүмүнүн өкүлү “Азаттык” радиосуна орус офицери кызды аскер бөлүгүнүн жатаканасына чакырып, белгисиз себептен улам аны өлтүргөнүн айткан. Кылмышка шектүү Щербаков тергөөгө кызды мас абалында өлтүрүп алганын жана эч нерсе эсинде жок экенин айтып, сурак берген. Учурда бул окуя боюнча иликтөө иштерин аскер базасынын тергөө органдары дагы жүргүзүүдө. Анын жыйынтыгы тергөө бүткөндөн кийин гана коомчулукка жарыялана турганы эскертилген.

Кыргызстандык аялды өлтүргөн тажик жараны соттолду

Тажикстандын туругун Кыргызстандын 63 жаштагы жараны Сарахан Нурматованы тоноого жана өмүрүнө кол салууга күнөөлүү деп табылды.

Тажикстандын Исфара шаарынын тургуну кыргызстандык аялды өлтүргөнү үчүн жыйырма эки жылга соттолду.

Тажикстандын Согди облустук соту Мансурхан Бабаев аттуу тажик жаранын Кыргызстандын Баткен облусунун тургуну Сарахан Нурматованы өлтүрүүгө айыптуу деп тапты. Буга чейин маркумдун туугандары анын өлүмүнө шектүү адамды таап жазалоо өтүнүчү менен Тажикстандын президентине да кайрылган болчу.

Тажикстандын Исфара шаарынын тургуну, 37 жаштагы Мансурхан Бабаев Кыргызстандын 63 жаштагы жараны Сарахан Нурматованы тоноого жана өмүрүнө кол салууга күнөөлүү деп табылды. Бул иш боюнча Бабаевге карата Согди облустук сотунун көчмө жыйыны 5-ноябрда өкүм чыгарды. Ал 22 жылга эркинен ажыратылып, күчөтүлгөн тартипте жаза мөөнөтүн өтөөгө жөнөтүлдү.

Окуя быйыл июнь айында Бабажан Гафуров районунда катталган. Тергөө материалдары боюнча Баткендин тургуну Сарахан Нурматова Тажикстандын аймагына кийим тигүүчү машинесин оңдотуу үчүн барган. Соттолуучунун айтымында, ал “Атуш” базарында жабырлануучуга жолугуп калып, аны Кыргызстандын чек арасына чейин жеткирип барууну сунуштаган. Согди облусунун соттук коллегиясынын төрайымы Фируза Ахмадзода “Азаттыктын” тажик кызматына аталган окуянын себептери туурасында мына буларга токтолду:

- Адам өлтүрүүнүн себебин соттолуучу ошол учурда катуу ачууланып кеткени менен түшүндүрдү. Анткени анын айтымында, ал аял аны кыргызча мазактаган экен. Ошондуктан ал алгач аялды бут менен тээп, анан моюнунан кармап туруп, муунтканын моюнуна алды. Анда соң ал аялдын денесин көмүр чыккан аймактагы чуңкурга ыргытып жиберген. Ыргытардан мурун каза болгон аялдын алтын-зер буюмдарын жана кол телефонун тартып алган.

Бул окуядан бир айдан соң Тажикстандын Согди облусунун укук коргоо органдары маркумдун тартылып алынган кол телефону аркылуу кылмыштын бетин ачып, айыпкер Бабаев кармалган. Өлтүрүлгөн кыргызстандык аялдын уулу Мухтарбек Мадазимовдун "Азаттыктын" тажик кызматына айтканына караганда, апасынын сөөгү 18-августта табылган.

Мадазимов ага чейин апасын табууга көмөктөшүүнү жана анын жоголушуна шектүүлөргө чара көрүүгө тапшырма берүүнү сурап, Тажикстандын президентине да кайрылган. Мансурхан Бабаев соттолгонго чейин алды-сатты менен алектенип, туруктуу эч жерде иштеген эмес. Сот органдарынын маалыматы боюнча, ал мурун 2006-жылы маңзат соодасына айыпталып, тогуз жылга эркинен ажыратылган. Беш жылдан соң Бабаев жатак абакка которулуп, андан ары Орусияга качкан. Ал Орусиядан кармалып, эки жарым жылдык жаза мөөнөтүн өтөп бүткөн соң абактан чыккан. Үчүнчү ирет үйлөнгөн Бабаев балалуу болгондон 23 күндөн кийин кыргызстандык жаранды өлтүрүүгө барган.

Тажикстан: Адвокаттарга кысым күчөдү

Тажикстанда бийликтер адвокаттардын ишине көзөмөлдү күчөтүүдө. Аларды өкмөткө көбүрөөк көз каранды кылган жоболорду мыйзамга тажик парламенти өткөн аптада киргизди.

Бул жараяндардын алдында Тажикстанда тыюу салынган Ислам кайра жаралуу партиясынын активисттерин жана оппозициячыл саясатчыларды коргогон адвокаттар камакка алынган болчу.

АКШнын Эл аралык диний эркиндиктер боюна комиссиясы ноябрдын башында билдиргендей, быйыл сентябрдан бери Тажикстанда Ислам кайра жаралуу партиясынын 200дөй мүчөсү камакка алынды.

Алардын көбү тажик соту бир кезде азыркы президент Эмомали Рахмондун өкмөтүнө тынчтык орнотуу келишимине өнөктөш болгон партияны “террордук топ” деп тапканга чейин эле абакка түшүшкөн.

Бирок, тажик бийликтери тыюу салынган партиянын активисттерин гана абакка салуу менен эле чектелбестен, алардын адвокаттарын да камоодо.

Тажикстандагы таанымал адвокаттардын бири Файзиннисо Вохидова бул жараяндар тууралуу “Азаттыкка” мындай дейт:

- Катардагы эле эмес, чуулгандуу кылмыш иштерине катышкан адвокаттарды камакка алышты. Бийликтин кадамдары, алардын адвокаттардын ишине ачык кийлигишүүсү - бул институт көмүскөгө кетип, биз жарандардын укугун коргоо боюнча ишмердигибизди өз алдынча жүргүзө албай турганыбызды каңкуулап жатат.

Файзиннисо Вохидова айткан, камакка алынгандар арасында Бузургмехр Ёров, Нуридин Махкамов, Шухрат Кудуратов ысымдуу адвокаттар бар.

Бузургмехр Еров
Бузургмехр Еров

Камакта тыюу салынган партиянын юристи Зарафо Рахмони да олтурат.

Камалгандардын ичинен мисалы Бузургмехр Ёровду тажик бийликтери Кылмыш кодексинин “көз бойомочулук”, “документ жасоо” деген беренелери боюнча айыпташууда.

Ал быйыл сентябрда камалар алдында Ислам кайра жаралуу партиясынын жетекчилигине кирген 13 адамдын кызыкчылыгын коргоого киришкен эле.

Бузургмехр Ёров камалган кезде эл аралык “Хьюман Райтс Уочт” уюму бул окуяны адвокаттар коомчулугуна саясий иштерге аралашпоосу үчүн бийликтин эскертүүсү катары баалаган.

Уюмдун Европа жана Борбор Азия боюнча өкүлү Хью Уильямсон Тажикстан сырттан кийлигишүүдөн жана өч алуудан коркпой иштеген көз карандысыз юристтерге абдан муктаж болуп турганын белгилеген.

Бирок, расмий Душанбенин соңку кадамдарына караганда, адвокаттардын бийликке көз карандылыгы, тескерисинче, күчөчүдөй болуп турат.

Мыйзамга жаңы киргизилген өзгөртүүлөр тууралуу адвокат Файзиниссо Вохидова “Азаттыкка” буларды айтты:

-Адвокаттар жана адвокаттык ишмердик жөнүндөгү жаңы мыйзам бизде быйыл мартта кабыл алынып, бирок анын күчкө кириши кийинки жылдын мартына чейин калтырылган. Башкача айтканда, биз ал мыйзамды колдоно элек болчубуз, бирок ага кайра өзгөртүү киргизип жиберишти. Жаңы түзөтүүлөргө ылайык, Юстиция министрлиги тарабынан адвокаттарга катаал талаптар коюлат. Ал түзөтүүлөргө көз чаптырсаң жарандык коомдун институту катары адвокатуранын көз карандысыздыгы жоголууда. Мыйзамдагы жоболор Тажикстандын Конституциясына, өлкө кабыл алган эл аралык келишимдерге каршы келет. Атүгүл тажик жарандарынын эмгек укугун да бузат.

Жаңы эрежеге ылайык, Тажикстанда эми адвокаттар өз ишмердигин баштаардан мурда Юстиция министрлиги алдындагы атайын комиссиянын текшерүүсүнөн өтүшү керек. Аларга аттестация ар беш жылда бир ирет жүргүзүлүп турат.

Тажикстандын юстиция министринин орун басары Рустами Шохмурдо мыйзамга киргизилген түзөтүүлөрдүн максатын “адвокаттык кызматты” жакшыртуу деп чечмеледи.

Шухрат Кудуратовдун соту. 13-январь, 2015-жыл.
Шухрат Кудуратовдун соту. 13-январь, 2015-жыл.

Бирок, адвокаттар кириптер болгон окуя тажик бийликтернин ниетинен күмөн санатууда.

Быйыл жыл башында Тажикстанда Шухрат Кудуратов ысымдуу адвокат алгач 13 жылга, кийин апелляциялык сотто үч жылга кесилген. Ал 29 жылга соттолгон оппозициячыл саясатчы Зайд Саидовду коргогон эле.

Ташкенде экcтремизмге шектелип кырк киши кармалды

“Хизб-ут-Тахрир” уюмунун байрагы

Ташкенде Сириядагы жоочулар менен кызматташкан деген шек менен кырктан ашуун адам кармалды.

Укук коргоо органдарынын маалыматы боюнча алар буга чейин халифат куруу максатында тыйуу салынган “Хизб-ут-Тахрир” уюму жана “Ислам мамлекети” тобу менен кызматташкан деп шектелүүдө. Ошондой эле бул ташкендик салафилер тобу Сириядагы согушка барууга даярданганы кабарланууда. Камакка алынгандардын арасында мурда Орусияда жана Түркияда иштеп келгендер дагы бар экени айтылды.

Кармоолордун жаңы толкуну

Өзбекстандын укук коргоо органдары 6-ноябрь күнү Сириядагы жоочулар менен кызматташкан салафилер тобу кармалганын кабарлаган болчу. Укук коргоо органдарындагы маалымат булагынын айтымында, тергөөдө алардын Сирияда согушкан “Таухид валь-Жихад” же «Жаннат ошиклари” тобу менен кызматташканы аныкталган. “Азаттыктын” өзбек кызматы Заңги-Ата аймагындагы диний чөйрөдөн алган маалымат боюнча, кармалгандардын арасында диний экстремизмге катышы жок адамдар да бар. Өзүнүн ысымын жашырган Ташкендин тургуну аталган жагдай туурасында мына буларга токтолду:

- Булардын арасынан башында 16 адамдан турган топ 29-октябрда эле кармалган. Кийинкилери 1-2-3-4-ноябрь күндөрү кармалып, алып кетишти. Азыр кармалгандардын саны кырктан ашып кетти. Кармалгандардын бир нечеси “Хизб-ут-Тахрирдин” мүчөсү. Ошондой эле бир канчасы бул уюмга мүчө деле эмес. Алар жөн эле намаз окуган адамдар болчу. Өткөн эки жумадан бери ар күнү келип, 5-6 кишиден алып кетишүүдө. Арасында жыйырма жаштардагы үйлөнө элек боз уландар да бар. Кармалгандардын арасынан бирөө-жарымы артына кайткан жок, – деди өзү дагы “Хизб-ут-Тахрирдин” мүчөсү экенин айтып, ысымын жашырган Ташкен тургуну.

Ташкендик салафилердин Кыргызстан менен байланышы барбы?

Мындан сырткары Өзбекстандын укук коргоо органдарындагы маалымат булагынын ырасташынча, бул салафилер тобу “Хизб-ут-Тахрир” уюму менен тыгыз байланышта болгон. Булактын айтымында, аларды байланыштыруучу активдүү "хизбутчу" Абдулазиз Рахимов деген адам болгон. Анын көмөгү менен эки радикал топтун ортосунда туруктуу байланыш түзүлүп, жашыруун жолугушуулар өткөрүлгөн. Өзбекстандын тартип сакчылары бул топко алардын Кыргызстандагы өнөктөштөрү интернет аркылуу көрсөтмө берип турган деп шекшийт. Кармалган салафилердин көпчүлүгүн Ташкенде соода-сатык менен алектенгендер түзөт. 12news.uz сайты жазгандай, кармалгандар мурда сыртта иштеп жүрүп, ал жактан радикалдык идеяга берилген болушу мүмкүн.

Жагдай менен кабардар дагы бир Ташкендиндин тургуну бул жолку кармоонун жагдайын мындайча айтып берди:

- Айрыкча 3-4-ноярбь күндөрү УАЗдар менен келип, адамдарды кармай баштаганда мааледе тополоң чыгып кетти. Ар бир үйгө байкоосуздан кирип, адамдарды бир-бирден кармап, алып чыгып кетишти. Кармалгандардын жакындары барса, “мааледеги арыктан граната табылды, булардын террорчуларга тиешесин текшерип жатабыз” деген имиш. Мүмкүн аларды текшерип анан койо беребиз деген го. Ошондуктан ага ишенген үй-бүлөлөр эч ким менен сүйлөшпөй, көчөдөн жолуксак учурашпай, басып кетишүүдө, – дейт Ташкендин дагы бир тургуну .

Ташкенде алгач 29-октябрда “хизбутчулукка” шектелип он алты адам кармалган болчу. Бирок анда укук коргоо органдары аларга тагылган айыптоо тууралуу маалымат берген эмес. Бул жолку кармоолор туурасында дагы Өзбекстан расмийлери толук унчугуша элек. Буга чейин Өзбекстандагы айрым дин адамдары “хизбутчулукка” шектелип кармалса, эми “Ислам мамлекети” тобуна шектелип жатканы белгиленүүдө. “Хизб-ут-Тахрир” уюму халифат куруу ниетинде болгону менен “Ислам мамлекети” тобун колдобой турганын жарыялаган. Уюмдун Британиядагы өкүлү Тожи Мустафа “Ислам мамлекети” хизбутчуларды өлтүрүп жатканын айыптап, аны террорчул топ деп мүнөздөгөн болчу. Бирок ошондой иделогиялык ажырымына карабастан КМШ аймагында “Ислам мамлекети” “Хизб-ут-Тахрир” уюмун байланыштырган учурлар бар.

АКШ Борбор Азияда кызматташуунун "жумшак формасына" өттүбү?

Профессор Александр Кули

Узап бараткан аптада АКШнын мамлекеттик катчысы Жон Керри Борбор Азия өлкөлөрүн кыдырып, беш мамлекет башчы менен жолукту. Жаңы жарыяланган АКШнын Борбор Азияга көмөктөшүү программасы ушул тапта кызуу талкууланууда.

Сентябрь айында Нью-Йорк шаарында жана 1-ноябрда Самарканда өткөн С5+1 (Борбор Азиянын беш өлкөсү+АКШ) деген жаңы форматтагы кызматташуу Кошмо Штаттардын Борбор Азияга жаңы көмөктөшүү программасынын алкагында ишке ашырылат. Нью-Йорктогу Колумбия университетинин алдындагы Харриман институтунун директору Александр Кули Вашингтондун жаңы стратегиясы, кызматташуунун ар кыл багыттарын козгогон суроолорго жооп берди.

"Азаттык": Кызматташуунун С5+1 форматы эмнеси менен өзгөчөлөнөт? Кошмо Штаттар менен Борбор Азия өлкөлөрүнүн кызматташуусу башка деңгээлге чыгат деп күтсөк болобу?

Кули: Азырынча эмнеси жаңы формат менен өзгөчөлөнөт биз айта албайбыз. Буга чейин алты өлкө өкүлдөрү сентябрда Нью-Йоркто Улуттар Уюмунун Башкы ассамблеясында алгачкы ирет кездешкен, эми бул форматтын алкагында өлкөлөр такай жолугуп, кызматташып турабыз дешти. Буга чейин мындай көп тараптуу кызматташуунун форматын Жапония Борбор Азия менен алакасында колдонуп келген. Бул АКШ чөлкөмдөн кетти деген сөздөргө карабастан, Кошмо Штаттар Борбор Азияда кызматташуусун улантат, ал тургай аны өркүндөтөт деген кабар берет.

"Азаттык": Кошмо Штаттардын Борбор Азия өлкөлөрү менен кызматташуусу башталганына дээрлик чейрек кылым болду. Биз билгендей, буга чейин Вашингтон чөлкөмдөгү ар бир өлкө менен эки тараптуу алака-байланыш түзүп келсе, эми өлкөлөрдүн башын бириктирип, чогуу кызматташууга өттү деп түшүнсөк болобу?

Кули: Вашингтон стратегиясын өзгөрттү деп айта албайм. Анткени Борбор Азияга карата баштай турган так стратегиясы деле жок болчу. Эми азыр сунушталып жаткан стратегияда экономикалык, коопсуздук жаатында жана адам ресурсун өнүктүрүү багытында программалар жазылган. Ал эми Борбор Азия өлкөлөрүн бириктирип, кызматташууга тартуу боюнча демилге дайыма болуп келген. Бирок чөлкөмдөгү өлкөлөр ортосунда кызматташуунун жоктугунун тамыры андан дагы терең: суу, чек ара, коопсуздук боюнча чиеленишкен маселелер бар. Кошмо Штаттар анын баарын чече албайт. Андыктан бул стратегиядагы бараандуу өзгөрүү деп айта албайм. АКШнын чөлкөмгө көмөктөшүү боюнча кызматташуу декларациясында бир нече тармактарды көрдүм, менин көз карашымда кубанта турган бир мисал – МАСКИ (магистратурда акысыз билим алуу) программасынын кайра жанданышы. Бул илим, берүү жаатында адамдардын өз ара алакасын өркүндөтүүгө өбөлгө болчу өтө пайдалуу программа.

Ошол эле маалда Борбор Азиянын эки чоң коңшу өнөктөшүн эстен чыгарып койо албайбыз. Орусия бир жагынан саясий жана коопсуздук жагынан көмөк көрсөтүп жатса, экинчи жагынан Кытай бараандуу экономикалык долбоорлорду ишке ашырууда. Вашингтондун “Жаңы Жибек жолу” программасы жана башка долбоорлор сөз болуп жатканы менен Кошмо Штаттардын аларды ишке ашырууга каржысы жок. Андыктан техникалык жана гуманитардык көмөктөшүүнү күчөтүү бул жерде орундуу деп эсептейм.

"Азаттык": Жаңы декларацияда билим берүү, тил үйрөтүү, адистерди кайра даярдоо, Борбор Азиядагы соода форумун түзүү, климаттын өзгөрүүсү, суу ресурстарын колдонуу жана башкаруу сыяктуу багыттар аныкталыптыр. Демек, сиз жогоруда айткандай, Кошмо Штаттар экономикалык, саясий, аскерий кызматташууну токтотуп, кызматташунун “жумшак формасына” өттүбү?

Кули: Декларацияда саясий жана адам укуктарынын баалуулуктары деп аталган багыты дагы бар. Вашингтондогу аткаминерлер ачык айткылары келбегени менен, соңку 15 жыл өтө эле кыйын мезгил болду. Бир жагынан коопсуздукту камсыздоо - Ооганстанга аскерий көмөк жеткирүү үчүн базалар менен логистикалык борборлор турса, экинчи жагынан адам укуктарын, демократияны жана жарандык коомдун өнүгүшүнө колдоо көрсөтүү милдети турду. Самарканда "Вашингтон Пост" гезитинин журналисти адам укуктары боюнча суроо бере койом деп сыртка чыгарылды, анан кийин Жон Керри талылуу суроолорду козгойт деп айтылганы менен, эмне болгону бүдөмүк бойдон калды.

"Азаттык": Жаңы декларацияда “Кошмо Штаттар Борбор Азия мамлекеттеринин эгемендигин, аймактык бүтүндүгүн жана көз карандысыздыгын колдойт” деп жазылган. Вашингтонду чын эле ушул маселе түйшөлтөбү жана буга эмне себеп?

Кули: “Кансыз согуш” доору бүтүп, 1991-жылдан тарта Кошмо Штаттар кызматташууда өлкөлөрдүн эгемендигин, аймактык бүтүндүгүн жана көз карандысыздыгын бекемдөөгө такай артыкчылык берип, колдоп келген. Бир жагынан Кошмо Штаттар аймактагы таасирин азайтты, башка жагынан украин кризиси бул маселени көтөрүүгө мажбур кылды. Соңку кезде саясий коопсуздук маселеси күч алган сайын, Вашингтон аймактагы өлкөлөрдүн эгемендигин коргоого колдоо көрсөтө турганын айтып, атайын белги берүүдө.

Өзүңөр билгендей, украин кризиси Борбор Азияда башкача түстө көрүнөт. Ал чөлкөмдөгү бийликтерде кош кооптонуу пайда кылды. Биринчиден, Орусия жана Орусиянын реакциясы, Москва аскер киргизип, ички жана сырткы коргонуу үчүн деп аскерий базаларын колдонобу деген кооптонуу турса, экинчиден, өлкөлөрдө Майдан же көчө нааразылыктары чыкпасын деген коркунуч болду.

"Азаттык": Самарканда Жон Керри Тышкы иштер министрлери менен жолугушуу маалында Борбор Азия мамлекеттери “сырткы кысымдан жана коркунучтардан” алыс болушу керектигин баса белгиледи. Керри муну менен кыйыр түрдө Орусияга кайрылдыбы?

Кули: Албетте, ал ачык эле түшүнүктүү болду. Кошмо Штаттар чөлкөмдөгү өлкөлөргө сырттан бирөөнүн таасир этүүсүн жана саясий кийлигишүүсүнө келише албай турганы ачык айтылды. 2005-жылы Анжиян кыргынынан кийин АКШ ал өлкөнүн бийлигин колдоону токтото турганын жарыялаган. Орусия менен Кытай болсо, тескерисинче, эл аралык коомчулуктун сынында калган өзбек өкмөтүн жакындан колдоп турду. Жалпысынан бир-эки окуяны эске албаганда (2010-жылкы Бакиевдин режиминин кулашы) Кремл чөлкөмдөгү башкаруучу режимдерди саясий стабилдүүлүк үчүн деген жүйө менен колдоп, алардын ички саясатына чейин кийлигишип келет.

Кошмо Штаттар болсо ушул ажырымды өз кызыкчылыгына колдонуп, Орусия Украинада көрсөткөндөй, биз силерге саясий жактан кийлигишпейбиз деген көз карашты карманууда. Эми мунун баары көз караштар. Иш жүзүндө Кошмо Штаттар Борбор Азиядан кетип атат, Ооганстандагы кызыкчылыктар мурдагыдан кыйла азайган. Ал эми Орусия менен Кытай георграфиялык коңшулар, алар дайым ошол жерде. Бул жерде кырдаал кандай жагына өзгөрөт аны убакыт гана көрсөтөт, менде болсо азырынча ишеним аз.

"Азаттык": Ушул тапта жаңы декларация Борбор Азияда кызуу талкууда. Бир тарабы аны кубаттаса, аны сындагандар дагы бар. АКШда болсо бир жылдан кийин бийлик алмашат, Барак Обаманын администрациясы кызматтан кетет. Декларациянын келечеги эмне болот?

Кули: Жаңы жарыяланган көмөктөшүү программасын сөз кылганда анын финансылык тарабын дагы унутпайлы. Жаңы программалар, маселен, Кытай чөлкөмдө жасап жаткан бараандуу инфраструктуралык долбоорлордой эмес, көп каражатты талап кылбайт. АКШ Борбор Азияда Кытай менен жарышка түшүп жаткан жери жок, ушуну да эстен чыгарбайлы. Ошол эле маалда адамды өнүктүрүүгө инвестиция жасоо – акылдуу саясат. Албетте, адамды өнүктүрүү бул узак мөөнөттүк программалар.

Билим берүү программалары аркылуу чөлкөмдүн келечектеги лидерлерин окутууга, АКШдагы баалуулуктар жана институттардын ишмердигин өз көзү менен көрүүгө өбөлгө түзөт. Ал тургай ишкерлерди, бизнес өкүлдөрүн, адвокаттардын кесиптик чеберчилигин жогорулатуучу тренингдер кыска убакытта жасала калчу иштер эмес. Мындай долбоорлор узак мөөнөттө, ырааттуу шартта гана жемишин берет.

Декларацияда айтылган программалар бир жарым жылдык эмес, узак-узак жылдарга созулушу керек. Ал эми аларды токтотуп коюу – АКШнын чөлкөмдөгү кызыкчылыктарына терс таасирин тийгизет. Андыктан программа жарыяланып эле тим болбостон, алдыда узак жылдар бою үзүрлүү ишке ашарына ишенгим келет.

Каримованын камакка түрткөн пара чыры

Жо Лундер

Лондондон Ослого учуп келген Vimpelcom байланыш компаниясынын мурдагы башчысы Жо Лундер аэропортто кармалды.

Лундердин адвокаты айыптоо корутундусун көрө электигин айтып, бирок бул иштин Vimpelcom компаниясы менен Өзбекстан өкмөтүнүн ортосундагы келишимге байланыштуу болушу мүмкүн экенин билдирди.

Тергөө аталган компания жетекчилиги Өзбекстандын байланыш рыногуна кирүү үчүн президенттин тун кызы Гүлнара Каримовага миллиондогон доллар пара берген деп айып коюуда.

Норвегиянын экономикалык кылмыштарды иликтөө агенттигинин өкүлдөрү Жо Лундер коррупцияга айыпталып кармалганын ырасташты. Анткен менен Лундердин адвокаты ал Өзбекстандын телекоммуникация рыногуна кирүү үчүн миллиондогон пара берүүгө байланыштуу чатакка катышы жок экенин айтты. Vimpelcom компаниясын беш жыл жетектеген Жо Лундер быйыл март айында директорлугун таштап кеткен. Амстердамда турган бул жетекчи АКШ менен Голландиянын укук коргоо органдары Өзбекстандагы пара берүүгө байланыштуу иштерди иликтей баштаганда кызматтан кеткен. Анда бул иш боюнча бир эле VImpelcom эмес орусиялык МТС жана шведдик TeliaSonera компанияларынын ишмердиги дагы иликтене баштаганы кабарланган.

Камоого алынган каражат

Быйыл июль айында америкалык сот МТС менен Vimpelcomдун менеджерлери аралашкан коррупциялык ишти иликтөөгө байланыштуу ал компаниялардын банк эсебиндеги 300 миллион АКШ долларына бөгөт койгон. Тергөөчүлөр Vimpelсom жана МТС компаниялары жасалма фирмалар аркылуу Өзбекстандын рыногуна кирүү үчүн “президент Ислам Каримовдун жакын тууганына” пара берген деп бекемдешүүдө. Ал арада маалымат каражаттары бул компаниялардын парасын президенттин тун кызы Гүлнара Каримова алганы тууралуу жазып чыгышты. Мурда Vimpelcom компаниясынын жетекчилиги тергөө менен кызматташа турганын жарыялаган.

Норвегиялык Telenor Group – Vimpelcom телекоммуникация компаниясынын Голландиядагы бөлүмү бул “өзбек иши” боюнча сотко 900 миллион АКШ долларын камдап туруу боюнча чечим кабыл алды. Компаниянын расмий сайтында бул чечим АКШнын Юстиция министрлиги менен Голландиянын прокуратурасы жүргүзүп жаткан тергөөнүн жүрүшүнө анализ жасалгандан соң кабыл алынганы көрсөтүлгөн. Мындан мурун Тelenor Group анын Vimpelcom компаниясынын жетекчилигиндеги өкүлдөрүнүн ишмердигине көз карандысыз экспертиза жүргүзүү үчүн адвокаттар мекемесин жалдаган. Анткени АКШ менен Голландиянын укук коргоо органдары бул уюлдук оператордун Өзбекстандагы ишмердигин иликтей баштаганын жарыялаган.Тергөө органдары бир нече жыл аралыгында өзбек президентинин тун кызы Гүлнара Каримовага кеминде 1 миллиард АКШ доллары өлчөмүндө пара берген деп бекемдөөдө.

Гүлнара Каримованын "кулагы" көрүнгөндө

Быйыл 30-октябрда Норвегиянын өкмөтү Telenor Group компаниясынын директорлор кеңешинин төрагасы Свейна Аасерди кызматынан алган. Ага Өзбекстанда ишкердик жүргүзүү үчүн пара берүүгө байланыштуу улам жаңы маалыматтар чыккан соң Ассерге ишенимдин кеткени себеп болду. 2006-жылдан 2011-жылга чейин МТС, Vimpelcom, TeliaSonera компаниялары Гибралтарда катталган Takilant компаниясына ири өлчөмдө акча которуп турушкан. Тергөөдө ал компания Гаяна Авакян деген Гүлнара Каримованын жакын курбусуна катталганы аныкталган.

Учурда иликтөө иштерине Швециянын жана Швейцариянын укук коргоо органдары дагы тартылды. 2014-жылы Vimpelcomдун Амстердамдагы башкы кеңсесинде тинтүү жүргүзүлгөн. Анда компаниянын Өзбекстандагы ишмердигине байланыштуу документтердин бардыгы талап кылынган. Быйыл жайында АКШнын юстиция департаменти Бельгиянын, Люксембургдун жана Ирландиянын банктарындагы компаниянын эсептерине бөгөт коюп, үч жүз миллион АКШ долларын камоого алган. Vimpelcom абоненттеринин саны боюнча дүйнөдө жетинчи орунда турган телекоммуникация компаниясы. Анын кызматынан колдонуучулардын саны 220 миллиондон ашуун. орусиялык ишкер Михаил Фридмандын “Альфа групп” жана норвегиялык Telenor компаниялары бул холдингдин ири акционерлери болуп саналат. Telenor Group холдингдин 33 пайыздык үлүшүнө ээ болуп, 2 миллиардга чукул АКШ доллар инвестиция салган. Vimpelcom Ltd холдинги Өзбекстандын рыногуна 2005-жылы кирген болчу.

Ооган-тажик чек арасы тынч эмеспи?

Ооган коопсуздук күчтөрү

Расмий Дүйшөмбү Ооганстандын Тажикстан менен чектешкен тилкесинде “Ислам мамлекети” террордук тобунун жоочулары топтошууда деген маалыматты жокко чыгарды.

Буга чейин ооган бийлиги “Талибан” кыймылынын жоочулары Тахор провинциясынын Даркад жана Ходжагор аймактарынан сүрүп чыгарылып, алар Тажикстандын чек арасына чегингенин жарыялаган болчу. Бирок Тажикстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети чек арада абал тынч экенин билдирди.

Тажикстан жоочулардан кооптонбойт

Тажикстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетине караштуу Чек ара аскерлигинин башкы башкармалыгы Ооганстандын Тажикстан менен чектешкен аймагында “Ислам мамлекети” террордук тобунун жоочулары топтошууда деген маалыматты төгүндөдү. Тажикстандын чек ара аскерлигинин расмий өкүлү Мухаммад Улугхожаевдин айтымында, Ооганстандын Тажикстан менен чектешкен түндүк провинцияларында “Талибан” кыймылына каршы ооган өкмөттүк күчтөрүнүн операциясы өтүүдө.

Мухаммад Улугхожаев тажик-ооган чек арасы толук көзөмөлдө экенин айтып, аймакта “Ислам мамлекети” тобуна таандык жоочулар жоктугун билдирди:

- Тажикстан менен чектешкен Ооганстандын аймактарында “Ислам мамлекети” тобунун жоочуларынын топтошуусу байкалган жок. Учурда тажик-ооган чек арасы тынч. Анда кандайдыр бир куралдуу топтордун чогулуп жатканы тууралуу маалымат чындыкка коошпойт. Чек ара тилкелерин кайтаруу биздин чек арачылардын толук көзөмөлүндө.

Быйыл 28-сентябрда “Талибан” кыймылы Ооганстандын түндүгүндөгү Кундуз провинциясын басып алган. Туура бир айдан соң Тахор провинциясынын Даркад жана Ходжагор аймактарына кирип келген жоочулар өкмөттүк күчтөрдүн каршылыгына кабылып, артка чегинген. Бирок “Талибан” кыймылы жыл башында “Ислам мамлекети” тобун тааныбай турганын жарыялап, аны менен бирге эмес экенин билдирген. Анткен менен мурда “Талибандын” карамагында болгон Ооганстандагы майда куралдуу топтор “Ислам мамлекети” тобуна берилгендигин жарыялаган эле.

Сентябрь айынын аягынан бери “Талибан” кыймылы басып алган аймактарды бошотууга жакында Кабулдан кошумча күчтөр алынып келгени белгилүү. Бир жумадан ашуун созулган кезектеги салгылашууда Ооганстандын куралдуу күчтөрү үстөмдүк абалын калыбына келтирген.

Ооганстандын Тахор провинциясынын башчысынын маалымат катчысы Суннатулло Темур аталган салгылашуунун жыйынтыгы тууралуу “Азаттыкка” мындай деп билдирген:

- Өкмөттүк күчтөр мурда ээленген аймактарды кайра бошотуу үчүн болгон куралдуу салгылашууда кеминде кыркка чукул “Талибандын” жоочусу жок кылынды. Алардын арасында Тажикстан менен Өзбекстандын жарандары да бар. 18 жоочу жарадар болду. Мындан сырткары салгылашууда өкмөттүк күчтөрдөн он жоокер набыт болду.

Жоочулар кайда жоголду?

Ооган бийлиги мурда ээлеп алган аймактардан сүрүлгөн “Талибандын” жоочулары түндүк жакка багыт алып, Тажикстандын чек арасына чегингени тууралуу маалымат тараткан. Бирок жогоруда айтылгандай, тажик бийлиги муну ырастаган жок.

Анткен менен Орусиянын коргоо министринин орун басары Анатолий Антонов “Ислам мамлекети” террордук тобунун жоочуларынын Тажикстан менен Түркмөнстандын чек арасына жакындашына байланыштуу тынчсыздануусун билдирген.

Антонов 4-ноябрда Куала-Лумпурда өткөн Түштүк-Чыгыш Азия мамлекеттер бирлигинин жыйынында сүйлөп жатып, “Ислам мамлекети” тобунун улам жайылып бараткан таасирине токтолгон болчу.

Орусиянын коргонуу мекемесинин маалыматы боюнча “Ислам мамлекети” тобунун тарабында 25 миңден 30 миңге чейин чет элдик жалданмалар бар. Алардын көпчүлүгү Орусиядан, Борбор Азиядан жана Түштүк Чыгыш Азия өлкөлөрүнөн баргандар. Бул топтун курамындагы жоочулардын жалпы саны болжол менен 50 миңден 200 миңге чейин жетиши мүмкүн.

Тажикстандын Ички иштер министрлигинин маалыматы боюнча Сирия менен Иракта согушкандардын арасында бул республиканын 500гө чукул жараны болушу ыктымал. Анын ичинен 150 адам согуш талаасында окко учканы ырасталган.

Мамкатчынын сапары Түркмөнстанда жыйынтыкталды

АКШ мамкатчысы Жон Керри жана түркмөн президенти Гурбангулы Бердимухамедов

АКШнын мамлекеттик катчысы Жон Керри Борбор Азиядагы иш сапарын түркмөн президенти Гурбангулы Бердымухамедов менен жолугушуудан кийин жыйынтыктады.

1992-жылы Жеймс Бейкердин иш сапарынан кийин АКШнын мамлекеттик катчыларынын баары Ашхабадды кыйгап өтүшчү. Керри алардан айырмаланып, 23 жылдан бери алгач ирет Түркмөнстандын босогосун аттаган мамкатчы болду. Ушундан улам ал Борбор Азиядагы эң жабык өлкөлөрдүн бири, эл аралык укук коргоочулардын кескин сындарынын бутасы болгон Түркмөнстанда анын лидери Гурбангулы Бердымухамедов менен кайсы маселелерди талкуулаганы дүйнө коомчулугун кызыктырды. Жолугушуудан кийин Бердымухамедов буларды айтты:

- Эң эле негизгиси, соода-экономикалык тармагыбызда АКШ менен кызматташтыкта жакшы тажрыйбабыз бар. Биринчиден, америкалык ири компаниялар бизде көп жылдан бери эффективдүү иш алып барышууда. Мунун алкагында түркмөн-америкалык ишкерлер кеңеши да түзүлгөн. Борбор Азия өлкөлөрү менен АКШ соода, инвестициялык тармактарда кызматташуу тууралуу келишимдерге кол койгон. Муну менен бирге мен биздин өлкөлөр арасында экономикалык, соода-сатык байланышын өнүктүрүү потенциалыбыз бар деп ойлойм.

Бирок жолугушууда соода, экономикалык мамилелер кандай деңгээлде болгону, АКШнын кайсы ири фирмалары Түркмөнстандын кайсы тармактарында иш алып барып жатканы маалымдалган жок.

АКШнын мамкатчысы Жон Керри Бердымухамедов менен энергетика темасында сүйлөшүүнү каалап жатканын, ошондой эле эки өлкөнүн атуулдарынын потенциалын өнүктүрүү жаатында кызматташтыкка басым жасаларын айтты:

- Биз адамдарды өнүктүрүү жаатында биргелешип иш алып баруубуз керек. Менимче, ушул заманбап экономика жана тынымсыз өнүккөн дүйнөдө татыктуу жашап кете ала тургандай атуулдарыбыздын мүмкүнчүлүктөрүн жана талантын чогуу арттырышыбыз зарыл. Мына ушундай багытта байланышыбыз өнүгөт деген үмүттөмүн.

Борбор Азиядагы башка өлкөлөрдөй эле Түркмөнстандагы адам укугунун абалын эл аралык укук коргоочу уюмдар кескин сындап келишет. "Бердымухамедов 2006-жылы бийликке келгенден бери бул өлкөдөгү адам укугу темир тордон чыккан жок" деп жазат The Daily Observer гезити. Ушундан улам укук коргоочулар Жон Керри бул өлкөдө адам укугу маселесин көтөрөт деп күтүп жатышкан.

“Чек арасыз кабарчылар” уюмунун Европа жана Борбор Азия боюнча бөлүмүнүн жетекчиси Йохан Бир Жон Керринин Түркмөнстанга сапарынын алдында “Азаттыкка” буларды айткан:

- Эгерде сөз эркиндиги боюнча дүйнөдөгү 180 өлкөнү карасак, Түркмөнстан 178-орунда турат. Ушундан улам Жон Керри өз сапарында сөз эркиндигине өзгөчө көңүл бурушу керек эле деп ойлойм. Бирок Жон Керри Борбор Азияга иш сапарында бир да өлкөдө адам укугу же сөз эркиндиги тууралуу үн каткан жок. Маселен, Өзбекстанда өзүн кандай алып жүргөнү бизди аябай таң калтырды. Бирок Казакстанда Назарбаев атындагы университетте "террорчулукту шылтоолоп, адам укугун бузууну токтотуу керек" дегени туура болду. Түркмөнстанда да ушундай позициясын билдириш керек.

The Washington Post гезити “Вашингтон Борбор Азиядагы мунай жана табигый газга бай бул өлкө менен байланышын бекемдегиси келет. Бирок андагы коррупция, адамдарды кыйноо жана саясий репрессиялар Түркмөнстанды дүйнөдөгү эң авторитардуу өлкөгө айланткан. Гурбангулы Бердымухамедовдун дымагы менен азыр Ашхабаддагы эски үйлөр бузулуп, жалтылдаган ак мармарлуу жаңы имараттар пайда болууда. Чөлкөмдөгү Түндүк Кореяга окшош бул өлкө менен эми Керри кантип тил табышары табышмак”, - деп жазган.

Старр: Кыргыз жаштарына ишенем

Америкалык окумуштуу, тарыхчы жана Борбор Азия боюнча саясий адис Фредерик Старр.

Жакында Кыргызстанга белгилүү америкалык окумуштуу, тарыхчы жана Борбор Азиянын саясий жана маданий тарыхы боюнча чоң адис, Нью-Йорктогу Жонс Хопкинс университетинин профессору Фредерик Старр келип кетти.

Профессор азыркы учурда ушул атактуу окуу жайдын Борбор Азия жана Кавказ аймактарын изилдөө борборуна жетекчилик кылат. Ошону менен бирге Кыргызстандын жаңы тарыхын, эгемендикке жеткенден кийинки баскан жолун абдан тыкыр изилдеп келаткан саясат таануучу дагы. Старр мырза жакында Эл аралык Ала-Тоо - Ататүрк университети уюштурган саясат таануучулардын конгрессинде чоң доклад жасады. Окумуштуу “Азаттыктын” баяндамачысы менен бир катар актуалдуу маселелер боюнча пикир бөлүштү.

"Азаттык": Урматтуу Фредерик мырза, сиздин Кыргызстандагы регионалдык маселелерге арналган илимий форумга атайын Америкадан, Жонс Хопкинс университетинен келгениңиз бул илимий жыйындын аброюн абдан бийик көтөрүп койду. Ошондуктан сизге чоң ыраазычылык билдиргим келет.

Менимче, эң негизги нерсе - балансты сактоо го дейм. Ооба, сиздердин өкмөт Орусияны көздөй өтө чоң кадам таштап койду, аны түшүнсө болот, бирок тең салмактуулукту сактоо Кыргызстандай мамлекет үчүн абдан маанилүү
Фредерик Старр

Чынында да Борбор Азия азыр эки чоң дөөнүн, Орусия менен Кытайдын чок ортосунда жайгашып, эки гиганттын ортосунда улуттук иденттүүлүгүн жана мамлекеттик өз алдынчалыгын сактоо үчүн тырышып келатат. Ырас, Орусия бизге, Борбор Азия регионуна, абалтан келаткан кошуна, бир мамлекеттин ичинде, андан мурун Орус империясынын курамында чогуу жашаган жалпы тарыхыбыз да бар. Ошону менен бирге так жаныбызда бир жарым миллиард калкы бар, дүйнөдөгү экинчи экономика саналган Кытай турат. Ушул геосаясий кырдаалда жалпы эле регион, анын ичинде Кыргызстан кандай саясат жүргүзүшү керек. Мамлекет катары статусубузду, улуттук иденттүүлүгүбүздү сактап калуу үчүн кандай саясат жүргүзүшүбүз керек?

Ф. Старр: Менимче, эң негизги нерсе - балансты сактоо го дейм. Ооба, сиздердин өкмөт Орусияны көздөй өтө чоң кадам таштап койду, аны түшүнсө болот, бирок тең салмактуулукту сактоо Кыргызстандай мамлекет үчүн абдан маанилүү го. Бул баары бир керек нерсе. Ошону менен бирге азыркы Американын администрациясынын Борбор Азия региону боюнча ачык, даана саясаты деле жок, силер тууралуу түшүнүгү деле аз. Андыктан азыркы тапта жаңы бир саясат жасаларына же Америка кандайдыр бир роль ойноруна көзүм жетпейт. Биро, сиз айткан эки гиганттан башка да бул регионго зор таасир бере турган башка да зор мамлекеттер бар. Маселен, Индия. Бул мамлекет Кытай сыяктуу эле потенциалы, тез өнүгүп бараткан экономикасы бар мамлекет. Же болбосо Пакистан, Бангладеш. Мен тарыхчы катары айтаар элем: бул мамлекеттер менен Борбор Азиянын байланышы, карым-катнашы тарыхтын тээ тереңине кеткен. Бул өтө зор рынок, зор мүмкүнчүлүктөр. Ошондуктан курулуп жаткан жолдор, Кытай менен кошо турган темир жол долбоорлору, газ түтүктөрү кубандыра турган иштер. Бирок Түштүк Азия менен байланышты күчөтүү керек.

Ырас, бул мамлекеттер менен байланышуу азыр бир топ татаал. Ортодо Ооганстан турат. Пакистанда да ички проблемалар көп. Бирок баары бир Борбор Азиядагы азыркы оош-кыйыштар - убактылуу нерселер. Өзгөрбөй, бир калыбында турган эч нерсе жок азыркы дүйнөдө. Көп нерселер баары бир өзгөрөт. Анан калса түштүк Азия менен, Индия менен байланыштар тээ байыртан келаткан байланыштар. Керек болсо бул карым-катнаштар, башкача айтканда, “Түштүк коридору” Улуу Жибек жолунан да мурун болгон катнаштар да. Жогоруда менин баланс болуш керек дегеним ушудан.

Борбор Азия деген байыркы тарыхы бар, этностук өзүнчөлүгү тээ байыркы замандардан бери сакталып келаткан уникалдуу регион. Бул региондун маданиятында генийликтин гени сакталып калган деп айткым келер эле.
Фредерик Старр

"Азаттык": Айтканыңыз туура, Түштүк Азия менен карым-катнашты күчөтүү, соода-сатыкты күчөтүү биздин регион үчүн абдан керек нерсе. Бирок бизде мындай бир кооптонуу сезими ар дайым кошо келатат. Анын маңызы мындайча: бир өз тарыхыбызда бир жолу чоң мамлекет менен, чоң калк менен чогуу жашап көрдүк. Ал - Орусия. Орусия бизге бир убакта диктат да кылып келди, андан соң жардамын да берди, керек болсо экономикабыз менен маданиятыбызды да өнүктүрдү, бутубузга тургузду дегендей. Деле Орусиянын ролу, айрыкча экономикалык, цивилизациялык ролу өтө чоң. Бирок тарых бир ордунда турбайт экен - 1991-жылы биз мамлекеттик эгемендүүлүккө жеттик. Азыр эми ошол эгемендикти сактоо биз үчүн эң эле приоритеттүү улуттук маселе болуп турат. Бир жагынан экономикалык гигант, бир жарым миллиард калкы бар Кытай турса, экинчи жагынан Путин жетекчилик кылган Орусия кайрадан үстөмөндөп келатат. Каалайбызбы, каалабайбызбы, бирок бүгүнкү күндө Орусия дүйнөлүк чоң геосаясий оюнчу болуп баратат. Путин бүткүл Евразияга таасирин күчөтүп, Крымды Украинадан тартып алып, эми чоң оюнду Сирияда жасап жатат. Керек болсо мурунку Союзду деле бул же тигил формада кайра калыбына келтирсем деген тилеги бар. Ушул кырдаалда Кыргызстан сыяктуу чакан мамлекеттер кайрадан Орусиянын көзүнүн агы менен тең айланган сателлити, жарым колония акыбалындагы чалажан мамлекет болуп калбайбы?

Ф. Старр: Эми сиздердин өкмөттүн чечимин мен эч талашкым келбегени сизге түшүнүктүүдүр. Бул менин ишим эмес жана кийлигишким да келбейт. Ошону менен бирге ар бир акыл-эстүү киши жакшы түшүнгөн мындай бир айныксыз нерсе бар: эгерде эки адам баш кошуп, бир казандан аш ичип, бир кемегеге аш кайнаталы деп чечсе, адегенде кантип чогуу жашоонун шарттарын, жол-жобосун тыкыр макулдашып алат эмеспи. Анын сыңары, силер да Орусия менен бир шаркетте жашайбыз деп чечкенде...

Старр: Кыргыз жаштарына ишенем
please wait

No media source currently available

0:00 0:09:37 0:00
Түз линк

"Азаттык": …макулдашуу керек деңизчи.

Ф. Старр: Ооба, бүт шарттар алдын-ала тыкыр макулдашылышы керек жана ал шарттар сөзсүз кийин сакталышы керек. Бирок мен тарыхчы катары бир нерсе айтар элем: билесизби, мунун баары убактылуу, өткүн өткөн сыңары өтүп кетчү нерсе го деп ойлойм. Бул тарыхтын бир эпизоду. Ал эми Борбор Азияда, анын ичинде силердин Кыргызстанда да улуттук иденттүүлүк, өз алдынчалык деген нерсе сөзсүз сакталат, аны эч ким тартып ала албайт. Менин оюм ушундай. Экинчиден, Борбор Азия деген байыркы тарыхы бар, этностук өзүнчөлүгү тээ байыркы замандардан бери сакталып келаткан уникалдуу регион. Бул региондун маданиятында генийликтин гени сакталып калган деп айткым келер эле. Маселен, мен “Унутта калган Агартуучулук доору” деген китеп жаздым, жакында казакча, орусча, өзбекче котормосу жарыкка чыгат. Ал доор - гүлдөгөн доор - мындан 1000 жылдай башта болгон, болгондо да бул регион дүйнөнүн борбору, маданият менен илимдин очогу болгон.

Азыр силерде жаңы бир тарыхый кырдаал түзүлдү. Ал кырдаалды мен эгемендик жылдарында өсүп чоңойгон жаңы муун менен байланыштыргым келет. Тарыхтын тизгинин эми ушулар алат деп ишенем.
Фредерик Старр

Ошол эле Кытай менен, Индия менен, башка континенттер менен карым-катнашы болгон. Ошол очок азыр да өчкөн жок. Керек болсо ушул тапта кайра жаралуу идеясы, байыркы күчтүү жана эски маданий уңгуну табуу аракети абдан күчөп бараткан кез. Менимче, ошол тереңде бугуп жаткан уңгуну баары бир табасыңар, анткени аны табуу жана ачуу аракети силерде ушунчалык күчтүү жана кубаттуу. Ал эми ар кандай союздар, альянстар түзүлө берет, түзүлүп келген, ошолордун бири биз сөз кылып жаткан Евразия экономикалык биримдиги. Бул биримдик башынан эле экономикалык максаттарды эмес, саясий максаттарды көздөгөн биримдик болчу. Бирок азыркы учурдагы интеллектуалдык изденүүлөр ар кандай шаркеттерден күчтүүрөөк го деп ойлойм. Изденип атканыңарды көрүп турам, демек, максатыңарга сөзсүз жетесиңер. Болгондо да чоң максаттарга жетесиңер. Мен буга толук ишенем.

"Азаттык": Урматтуу Фредерик мырза, сиздин оптимисттик маанайыңыз мага эле эмес, “Азаттыктын” бардык угуучулары үчүн көңүл көтөрө турган сөз болгонсуп турат. Чынында да тарыхтын толкуну бирде көтөрүлүп, бирде жанып турат, аныңыз туура. Баары өтөт, кетет, бирок эл, улут, рух деген нерсе - туруктуу нерсе.

Эми дагы бир нерсеге көңүл бура кетсек. Ал биздин региондогу “Түбөлүк президенттер” маселеси. Бул жагынан дале болсо Кыргызстан өзүнчө бөлүнүп турат, себеби биз мына үчүнчү мыйзамдуу шайланган президент менен жашап атабыз. Албетте, түбөлүк эч нерсе жок, деп азыр эле айтып кеттик го, анын сыңары биздин региондун “түбөлүк” эл башчылары бийлигинен баары бир ажырайт да - же карыйт, же бир күнү ичээр суусу түгөнөт. Сиздин оюңуз кандай: бийликти тапшыруу Азербайжандын сценарийи менен өтпөйбү? Башкача айтканда, бийлик атадан балага же атадан кызына, күйөө баласына, д.у.с. өтүп кетпейби? Анда Борбор Азияда кээ бир араб мамлекеттериндегидей монархияга жол ачылып кетсе кандай болот?

Ф. Старр: Ким билет, ар кандай болушу мүмкүн. Азыркы кырдаалды тереңдеп анализдеген киши жок, анан калса бул регион чынында уникалдуу регион. Экинчи жагынан алып караганда, СССР кулаган учурда силерде эч качан дүйнө тарыхында болуп көрбөгөн революциялык кырдаал түзүлбөдүбү. Биринчи жолу ар бир республикада каалагандай система, каалагандай мамлекет курууга толук мүмкүнчүлүк ачылды да. Ошол кырдаалда, жаңы мамлекеттер түзүлүп аткан чакта бийликти бир колго топтоо туура эле маселе сыяктуу сезилген. Азыр силерде жаңы бир тарыхый кырдаал түзүлдү. Ал кырдаалды мен эгемендик жылдарында өсүп чоңойгон жаңы муун менен байланыштыргым келет. Тарыхтын тизгинин эми ушулар алат деп ишенем. Бул жаңы муун - абдан таланттуу муун, билимдүү, алдыңкы муун. Булар жан дүйнөсү ачык, эркин өскөн муун. Албетте, бийликте отургандар өзүнүн ролун ойнойт, иштей турган ишин иштейт, бирок баары бир маселени чече турган, тарыхты жаңы нукка бура турган күч - жаштар, жаңы муун. Борбор Азиянын, анын ичинде Кыргызстандын да келечегин түптөй турган, тагдырын чече турган мына ушул жаш күчтөр экенине менен катуу ишенем. Албетте, ал качан болот, кандай формада өтөт, мен аны айта албайм. Бирок келечек жаштардыкы.

"Азаттык": Эми акыркы суроо. Азыр Кыргызстан мүчө болуп отурган Евразия экономикалык биримдиги эмне бизге пайда берет, деле пайда береби же бербейби - бул азырынча бүдөмүк маселе болуп турат. Албетте, баарыбыздын ойлогонубуз - жакшылык. Бирок ушул биримдик барып-келип эле кайра баягы тоталитардык системанын, Советтер Союзунун кебетесин кийбейби, биз сыяктуу чабал мамлекеттер эгемендигинен кол жууп калбайбы? Оюңуз кандай?

Ф. Старр: Эми бул чоң деле сыр эмес, Евразия экономикалык биримдиги Орусия үчүн фантом сыяктуу бир идея, кыял, түш, тагыраак айтсам - эрте мененки "баш оору" сыяктуу бир нерсе. Бирок бул да бир утурумдук чечим, тек бир бир көңүлгө төтө болчу, аз да болсо көңүл жубатуучу бир нерсе го деп ойлойм.

"Азаттык": Бизде жакында болуп өткөн шайлоо тууралуу да эки ооз пикир айта кетсеңиз.

Ф. Старр: Эмне демекчимин - куттуктайм! Урматтоо сезиминен башка менде эч бир сөз жок.

"Азаттык": Телеэкран эч качан мындай ачык жана эркин болгон эмес…

Ф. Старр: Азаматсыңар, кыргыздар!

Назарбаев Батыштан инвестиция издөөдө

Британ премьер-министри Дэвид Камерон жана казак президенти Нурсултан Назарбаев, 3-ноябрь, Лондон

Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаевдин Батыш Европа өлкөлөрүнө иш сапары башталды.

Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев сапарын Лондондон баштап, британ премьер-министри Дэвид Камерон жана ханыша Елизабетта II менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздү. Жолугушууда эки мамлекеттин ортосундагы экономикалык кызматташтыкты тереңдетүү маселеси талкууланды.

Бул иш сапар Казакстандын негизги соода өнөктөштөрү Кытай менен Орусиядагы экономикалык солгундоо учуруна туура келип, Батыштан инвестиция издөө аракети менен түшүндүрүлүүдө. Анткени жакында эле президент Нурсултан Назарбаев алдыда өлкөнү оор экономикалык кризис күтүп турганын айткан.

“Азаттыктын” казак кызматынын журналисти Галым Бокаш Казакстан бул жагдайда Батыш менен кызматташууну тереңдетүүгө кызыкдар экенин белгиледи:

- Албетте адаттагыдай эле Нурсултан Назарбаевдин бул сапарында экономикалык маселелер талкуунун көңүл чордонунда болот. Өлкөдөгү саясий кайра куруулар жана адам укуктары туурасында эки ортодо мурдагыдай маселе көтөрүлгөн жок. Казакстан азыр сыртка саткан чийки зат баасынын төмөн түшүүсүнөн жапа чегүүдө. Мындай жагдайда эң негизги мунай-газ тармагына кошумча инвестиция тартуу менен экономиканы кыйынчылыктан сактап калуу зарылдыгы бар. Ири инвестиция тартууда жана жаңы технологияны колдонууда Казакстан Батыштын көзүн караганга мажбур. Анткени ал Орусия менен саясий алакасы жакшы болгону менен бул багытта андан көмөк болбой турганын мыкты түшүнөт.

Экономикалык кызыкчылыктын үстөмдүгү

Сапардын алкагында 14кө чукул меморандумга кол коюу каралган. Ак Ордонун маалымат кызматы анын көпчүлүгүн экономикалык кызматташтыкка байланыштуу макулдашуулар түзөрүн белгиледи.

Лондондогу ишкер чөйрөнүн өкүлдөрү менен жолугушууда Назарбаев Казакстандагы жагымдуу инвестициялык климат тууралуу белгиледи. Британ тарап Казакстанда биргелешкен фармацевтикалык завод курууну мерчемдеп, өлкөнүн транспорт тармагына каражат салууну сунуштаган. Ошондой эле салттуу кызматташтыктын өзөгүн түзгөн мунай-газ тармагы да четте калган жок. Тараптар Карачаганак мунай кенин кеңейтүүнү макулдашып, андан сырткары казак мунайынын сапатын жакшыртуучу биргелешкен ишкана ачууну көздөшүүдө.

Галым Бокаш мында саясий кызматташтыктан мурун мунайды иштетүүгө багытталган эки тараптуу кызыкчылык үстөмдүк кыларын кошумчалады:

- Казакстандын Батышка карата тышкы саясаты дайыма бир калыпта болуп келген. Батыштын да Казакстанга карата мамилеси ошондой. Серепчилер 2011-жылы Жаңы-Өзөн окуясынан кийин Казакстан менен Батыштын ортосундагы алака бир кыйла салкындайт деп божомолдошкон. Бирок иш жүзүндө андай болгон жок. Мына ошондон бул жерде адам укугун урматтоо талабына караганда экономикалык кызыкчылык үстөмдүк кылып турарын билсек болот.

Назарбаев эки күндүк иш сапарынан кийин Лондондон түз эле Францияга учат. Парижде эл башы Нурсултан Назарбаев президент Франсуа Олланд менен жолугушуп, андан соң француз ишкерлерине кездешет. Казак президентинин маалымат катчысы Даурен Абаев бул сапардын өзөгүн өлкөгө инвестиция тартуу максаты менен байланыштырды.

Айрым маалымат агенттиктери Нурсултан Назарбаевдин Батыш Европага расмий сапары башталганга чейин эле анын чет элдик каттамдарын тизмектеп, Казакстан темасын чагылдыра башташты. Англиялык Daily Mail басылмасы Назарбаевдин Британия менен Францияга сапарын анын Батыш менен жакындашууга жасаган ишарасы катары мүнөздөдү.

АКШ-Борбор Азия: Самарканда эмне сөз болду?

АКШ мамкатчысы Жон Керри жана Борбор Азия мамлекеттеринин тышкы иштер министрлери. 1-ноябрь, Самаркан, Өзбекстан.

АКШнын мамлекеттик катчысы Жон Керри жана Борбор Азия мамлекеттеринин тышкы иштер министрлери 1-ноябрда Самарканда жолугуп, кызматташтыкты талкуулады.

Өзбекстандын Самаркан шаарындагы “Борбор Азия+АКШ” жолугушуусуна АКШ, Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, Түркмөнстан жана Тажикстандын тышкы иштер министрлери катышты.

Анда коопсуздук, соода-энергетикалык, экология, билим берүү багыттарындагы кызматташтыктар талкууланган.

Биргелешип кабыл алынган документте “Кошмо Штаттар Борбор Азия мамлекеттеринин эгемендүүлүгүн, аймактык бүтүндүгүн жана көз карандысыздыгын колдоору" белгиленген. Жон Керри Борбор Азия мамлекеттери менен кызматташууну кеңейтүүгө Кошмо Штаттар кызыкдар экенин айтып, регионго жардам берүүнүн жаңы программасын жарыялады.

"Демократиялык башкаруудагы прогресс биз сөз кылган ар бир тармакта илгерилөөгө өбөк болооруна шек санабашыбыз керек" деп айтты Керри.

Ал ар бир өлкө башка бир мамлекеттер менен мамиле түзүүгө укуктуу экенин жана бул анын тандоосу болоорун белгиледи. Ошондой эле мамлекеттик катчы Борбор Азия өлкөлөрү тышкы басымдан жана коркутуудан эркин болушу керектигин кошумчалады.

Жон Керрини Самарканда өзбек президенти Ислам Каримов кабыл алды:

- Сиздин бүгүн Өзбекстанга келүүгө убакыт тапканыңыз биз үчүн сыймык,- деп айтты Каримов.

Жон Керри менен Ислам Каримов
Жон Керри менен Ислам Каримов

Жон Керри менен Ислам Каримовдун жолугушуусунда негизинен коопсуздук, Ооганстандагы кырдаал, “Ислам мамлекетинен”, экстремисттик топтордон келип жаткан коркунучтар талкууланды. Жолугушуу учурунда адам укуктары боюнча суроо берүүгө аракет жасаган журналисттер коопсуздук кызматтары тарабынан сыртка чыгарылды.

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, коомдук ишмер Равшан Жээнбеков АКШ менен Борбор Азия мамлекеттеринин кызматташтыгынын зарылчылыгына мындайча токтолду.

- Борбор Азия дүйнөдөгү чоң мамлекеттерди кызыктырган региондордун бири болуп эсептелет. Борбор Азияда чыр-чатактар чыгып кетүү тобокелчилиги да аябагандай жогору. Муну атайын кызматтар, журналисттер, анализ жасаган уюмдар-баары акыркы кезде айта баштады. Өзгөчө Сирия, Ирак жана Ооганстандагы окуялардан кийин ал коркунучтардын Борбор Азияга өтүүсү аябагандай жогору. Ошондуктан бул коопсуздук маселесин чечүүдө АКШ, Батыш жана башка көрүнүктүү мамлекеттер менен кызматташуубуз өтө маанилүү болуп эсептелет. Бул маселелерди чечүүдө Американын ролу абдан жогору экенин биз танбашыбыз керек. Мен адис, саясатчы катары айтсам, эгер кандайдыр бир кыйын абал боло турган болсо, алар бизге жардам берерине толук көзүм жетет.

Жон Керри Борбор Азияга жасаган визит 31-октябрда Кыргызстандан башталган. Ал бүгүн Казакстанда иш сапары менен жүрөт.

Жон Керри Казакстанга келди
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:30 0:00

Жон Керри Казакстанга келди

Жон Керри Казакстанга келди
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:30 0:00

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG