Оппозициядагы Социал-демократтар партиясынын лидери Рахматулло Зоиров эгер бүгүнкү парламенттик шайлоо жок дегенде жарым жартылай адилет жана бурмалоосуз өтсө, анын партиясы парламентке келүү мүмкүнчүлүгү бар экенин айтты.
Түркмөнстандын Ооганстан менен чек араны бекемдөө чаралары ооган түркмөндөрүнүн нааразылыгын жаратты. Алар Түркмөнстан жер тартып алып жатканын айтышууда.
Добуш берүүгө шайлоочулардын 82 пайыздан ашыгы катышкан. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясы маалымдады.
Казакстанда кызамыкка каршы эмдөө 2-мартка чейин токтотулду. Бул арада вакцина экспертизадан өткөрүлүп, балдардын ооруканаларга түшкөнү текшерилмекчи. Маңгыстау облусу жана Темиртау шаарында 100дөн ашуун өспүрүм эмдөөдөн кийин абалы начарлап, ооруканага жаткырылган.
Борбор Азия регионунда инвесторлор үчүн тобокелчиликтер көбөйгөнүн эксперттер аныктап чыгышты. Саясий тобокелчиликтер боюнча Кыргызстан 37 упай топтоп, Тажикстандан гана туруктуураак деп бааланган. Региондо кандай тобокелчиликтер пайда болду?
Тажикстандагы оппозициялык партиялар парламенттик шайлоо алдында бийлик тарабынан бут тосуулар болуп, алардын үгүт жарнактарын айрып кетип жатышканын билдирүүдө.
Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаевдин мурдагы күйөө баласы, 53 жаштагы Рахат Алиев Австриядагы түрмөдө өлгөнү кабарланды.
Бывший зять президента Казахстана Рахат Алиев найден мертвым 24 февраля в тюрьме в Вене.
Алматы калаасындагы Петропавловский храмында өрт чыгып, анын чатыры күйүп кетти.
Тажикстанда парламенттик шайлоо алдындагы үгүт иштери кызып турган учур. Ага катышчу саясий күчтөр көбүрөөк добуш алуу максатында ислам баалуулуктарына басым жасашууда.
Дагы жүктөңүз