Линктер

ишемби, 20-июль, 2019 Бишкек убактысы 19:32

Борбор Азия

Ташкент Гүлнаранын акчасын сурады

Гүлнара Каримованын Женевадагы вилласы

Өзбекстан Гүлнара Каримова өөнөгөн деген шек менен Батыш банктарынын эсебинде камалып турган 1 млрд. доллардан ашуун акчаны кайтарып алууга аракеттенүүдө.

Өзбек өкмөтү Батыштын тергөөчүлөрү шектенген коррупциялык иштердин курмандыгы болгонун жазып, андыктан акчаны ага кайтаруу зарылдыгын баса белгилеген. Буга чейин президент Ислам Каримовдун кызы Гүлнаранын Батыш банктарындагы акчасы андагы тартип коргоо органдары иликтеп жаткан коррупциялык ишке байланыштуу камакка алынган болчу.

Швейцариялык L'Hebdo гезити жакында “Каримов кызынын акчасын кайтарып алгысы келет” деген аталыштагы макала жарыялады. Анда Өзбекстандын өкмөтү каржылык кылмыштарды жасаган адамдар качан эле жоопко тартылганын жана өлкө алардын жасаган коррупциялык иштеринин курмандыгы болгонун айтып, АКШнын Юстиция министрлигине кайрылуу жолдогону жазылган.

Ислам Каримов кызы менен
Ислам Каримов кызы менен

Бул макаланын автору Франсуа Пиле Өзбекстандын өкмөтү Европада камалган акчаны кайтарып алуу үчүн америкалык Holwell Shuster&Goldberg адвокаттык компаниясын жалдаганын айтты. Бул компания аркылуу Өзбекстандын юстиция министринин колу менен 4-январда Нью-Йорктогу судья Эндрю Картерге дагы кат жолдонгон.

Журналист Франсуа Пиле ал каттын мазмуну тууралуу буларга токтолду:

- Ал катта АКШ камакка алган банктардагы 500 миллион доллар Өзбекстанга таандык экени жана ал мамлекет айрым ишкерлер аралашкан бул кылмыш ишинде түздөн-түз жабырлануучу экени жазылган. Анда Гүлнара Каримованын ысымы аталган эмес. Бирок анын жардамчысы Гяна Авакяндын, ойношу Рустам Мадумаровдун жана кызматчысы Бахадыр Эргашевдин аттары аталган. Азыр эми өзбек бийлиги ошол адамдарды ири өлчөмдөгү акчаны өздөрүнө ыйгарып алышкан деп айыптап, ал каражат жабырлануучу катары Өзбекстанга кайтарылышы керектигин талап кылган.

Нью-Йорктогу судья Эндрю Картер өзбек өкмөтүнүн өтүнүчү боюнча азырынча комментарий бере элек. Бирок ал бул коррупциялык ишти кароону 27-январга дайындаганы белгилүү болду. Гүлнара Каримовага жана анын жакындарына таандык болушу мүмкүн делген компанияларга карата тергөө 2013-жылы АКШ менен Европада козголгон ири коррупциялык иликтөөлөрдүн артынан эле башталган.

TeliaSonera, VimpelCom жана МТС компанияларына Өзбекстандын байланыш рыногуна киргени үчүн Гүлнара Каримовага 1 миллиард доллар пара берген деген айып коюлган. Ошондон кийин АКШнын Юстиция министрлиги ал акча сакталган АКШ менен Европадагы банк эсептерин камакка алып койгон.

Франсуа Пиле эң көп Швейцариядагы банк эсептери бөгөлгөнүн белгиледи:

- Бул жерде мындан 2,5 жыл мурун АКШда, Швейцарияда жана башка Европа өлкөлөрүндөгү банк эсептерине катылган 1 миллиард доллардан ашуун акчанын камакка алынышы тууралуу сөз болууда. Алардын эң көбүнө Швейцариянын банктары бөгөт койгон. 800 миллион швейцариялык франктан ашуун акча сакталган Швейцариядагы банк эсептери камакка алынган. Андан кийин АКШ бир нече жүз миңдеген доллар акчаны камоого койгон. Мындан сырткары Люксембургдун, Ирландиянын жана Бельгиянын банктары мына ошондой жасашкан. Гүлнара Каримовага пара катары акча берилип турган деген кылмыш ишине байланыштуу аталган күмөндүү банк эсептеринин бардыгы бөгөлгөн.

Азырынча Өзбекстандын өкмөтү Швейцарияга же башка Европа мамлекеттерине бөгөлгөн акчаны чыгарып берүү өтүнүчү менен кайрылганы белгисиз.

Биринчи жолу Гүлнара Каримованын акчалай алыш-бериши тууралуу Швециянын коомдук телеканалы 2012-жылы атайын иликтөө репортажын даярдаган. Андан кийин башка европалык басылмалар дагы буга кайрылып, европалык уюлдук компаниялар Гүлнара Каримовага миллиондогон доллар акча пара бергенин иликтеп чыккан. Учурда ал компаниялардын иши Швециянын, Голландиянын жана АКШнын тергөө органдарынын кароосунда.

Тажикстан: тактыны тарттырбоо аргасы

Эмомали Рахмон уулу Рустам Эмомали менен

Тажикстанда Баш мыйзамга президенттикке талапкердин жашын төмөндөтүүнү караган өзгөртүү киргизүү сунушталды.

Байкоочулар эгерде бул ченем парламентте бекитиле турган болсо, анда ал Эмомали Рахмондун тун уулуна 2020-жылы өтө турган президенттик шайлоого катышууга мүмкүнчүлүк түзүп берерин белгилешүүдө. Ошондой эле бул өзгөртүүлөр 24 жылдан бери бийликте отурган азыркы президентке кийинки шайлоолорго катышууга кандайдыр бир чектөөлөрсүз мүмкүнчүлүк берет.

Президенттик шайлоого даярдык

Баш мыйзамга киргизиле турган өзгөртүүгө ылайык, президенттикке талапкердин жаш чеги 35 жаштан отуз жашка төмөн түшүрүлөт. Бул ченем байкоочулардын баамында, президенттин тун уулу Рустам Эмомалиге 2020-жылы өтө турган президенттик шайлоодо талапкер болууга жол ачат. Анткени учурда мамлекеттик каржылык көзөмөл агенттигин жетектеп жаткан 28 жаштагы Рустам Эмомали кийинки шайлоонун алдында болгону отуз үч жашка толот. Байкоочулардын баамында, азыркы Баш мыйзам боюнча анын жашы талапкер болууга жетпейт. Мына ошондуктан бул демилге кошумча вариант катары көтөрүлүп жатышы мүмкүн экени белгиленди.

Ошондой эле Баш мыйзамга өзгөртүүлөр азыркы мамлекет башчысына “улут көсөмү” катары эч бир чектөөсүз кийинки мөөнөткө президенттикке талапкер болууга мүмкүнчүлүк берет. Анткени азыркы Конституциянын талабына ылайык, Эмомали Рахмон 2020-жылы өтө турган шайлоого катыша алмак эмес.

Баш мыйзамды өзгөртүү демилгечилеринин бири, тажик парламенттинин депутаты Мамадали Ватанов:

- Конституцияда өзүнчө маселелер боюнча кандайдыр бир чектөөлөр болбойт. Мында маселе азыркы Баш мыйзам кабыл алынгандан бери көп убакыт өткөнүндө турат. Мезгилге жараша, коомго жараша Баш мыйзамдын кайсы бир жери өзгөртүлүп турушу кажет. Ошону эске алуу менен анын зарыл болгон айрым бир ченемдери гана өркүндөтүлүп, өзгөртүүгө жатат.

Тажикстандын азыркы Конституциясы 1994-жылы өлкөдө жарандык согуш бүтө элек учурда референдум аркылуу кабыл алынган болчу. Ага 1999-2003-жылдары референдум аркылуу дагы бир катар өзгөртүүлөр жана оңдоолор киргизилген. 2003-жылы Баш мыйзамга киргизилген өзгөртүү президент Эмомали Рахмонго жети жылдан эки мөөнөт бийликте отурууга мүмкүнчүлүк берген. Мына ошондо азыркы баш мыйзамдын талабы боюнча анын конституциялык мөөнөтү 2020-жылы бүтмөк. Бирок...

Президенттик тактыны алдырбоонун “кепилдиги”

Тажик оппозициясы, коомдук активисттер жана укук коргоочулар Конституцияга киргизиле турган жаңы өзгөртүүлөр боюнча мыйзам долбоорун демократиялык жолдон баш тартуу катары баалашууда. Тажикстандын социал-демократтар партиясынын төрага орун басары Шокиржон Хакимов бул өзгөртүүнү ата менен балага арнап жазылган Баш мыйзам деп сынга алды:

- Эгерде кайсы мамлекеттерден же эл аралык уюмдардан Эмомали Рахмонго таасир этчү кандайдыр бир талаптар же сунуштар болсо, ал өзү 2020-жылы өтө турган президенттик шайлоого катышуудан баш тартышы мүмкүн. Бирок ошол эле учурда сунушталган укуктук ченемге ылайык, Рахмон өзүнүн уулун президенттикке талапкерликке сүрөгөнгө мүмкүнчүлүк алат. Анан Рахмондун "улут көсөмү" деген макамы ага мамлекетти президент болчу адамдын үстүнөн туруп дагы башкара берүүгө укук берет.

Тажикстандын мыйзам кабыл алуу эрежесине ылайык, Баш мыйзамга өзгөртүү киргизүүнү караган мыйзам долбоору парламенттен өткөн соң, Конституциялык сотко корутунду чыгарууга жөнөтүлөт. Тиешелүү корутунду чыккандан кийин мыйзам долбоору бүткүл элдик референдумга коюлат. Баш мыйзамга киргизиле турган өзгөртүүдө Мажилистин депутаттыгына жана Конституциялык соттун судьялыгына талапкердин жаш ченеми отуз жаштан жогору деп коюлду. Ошондой эле Баш мыйзамга өзгөртүү киргизүү боюнча ал мыйзам долбооруна ылайык, Тажикстанда диний негизде саясий партия түзүүгө тыюу салынат. Өткөн жылы тажик бийлиги Тажикстандын "Ислам кайра жаралуу" партиясынын ишмердигине тыюу салып, аны Жогорку Сот экстремисттик деп тапкан.

Кан аралашкан нике балага зыян

Туугандар арасындагы никеден тубаса майып төрөлгөн ымыркай. Тажикстандын Хатлон облусу

Тажикстанда тууган-уруктардын өз ара үйлөнүүсүнө тыюу салынат. Эми болочок жубайлар никеге турар алдында бири-бирине тууганчылыгы жок экенин медициналык жактан далилдеши керек болот.

Тажик улуттук парламентинин төмөнкү жыйыны - Өкүлдөр палатасы Үй-бүлө кодексине тиешелүү түзөтүүнү 13-январда киргизди. Тууган-уруктардын өз ара үйлөнүүсүнө тыюу салуунун демилгечиси Тажикстандын Саламаттыкты сактоо министрлиги болду. Министр Нусратулло Салимзадо тийиштүү мыйзам долбоору менен депутаттарды тааныштырып жатып билдиргенине караганда, Тажикстанда 18 жашка чейинки 25 328 майып бала болсо, алардын 30-35 % жакыны же ар бир үчүнчүсү жакын тууган-уругунан үйлөнгөн бүлөлөргө туура келет.

Сабатсыздыктын кесепетинен улуттун насилин бузуп албоо үчүн киргизилген чарага ылайык, келечекте жаңы үй-бүлө курчу жигит- кыздар жана аял-эркектер никеге турганы барганда өз ара тууганчылыгы жок экенин медициналык жактан тастыкташы абзел. Бул тартип, маалымдалганга караганда, быйыл 1-июлдан тартып күчүнө кирет.

Жакын туугандарына үйлөнүү үй-бүлөдө тукум кууган оорулардын пайда болуусуна өбөлгө түзүп, атасы же энесиндеги дарттын балдарында кайталануу мүмкүнчүлүгүн чоңойтот. Береги илдет тууралуу Алматыдагы ал-Фараби атындагы Казак улуттук университетинин доценти, биология илимдеринин кандидаты Анара Байшүкүрова мына буларды айтты:

- Оорулардын көбү рецессивдик ген аркылуу берилет. Ошон үчүн көп оорулар рецессивдик аллелдер аркылуу өтөт. Доминанттык бир аллел рецессивдик болсо, баланын денесинде милдеттүү түрдө доминанттык белги көрүнөт. Андыктан көп оорулардын рецессивдик аллелдер аркылуу берилгени жакшы. Эгерде жакын тууган-туушкандар ич ара баш кошсо, алардын рецессивдик аллелдери бири-бири менен көбүрөөк кездешип калат. Бала энеси жактан 50% ген алат, атасы жагынан да гендин 50% алат. Баланын атасы энесине жакын тууган болсо, анда эки рецессивдик гендин кездешүү мүмкүндүгү жогору болот. Мисалы, сизде акчаңыз көп болуп, акчасы жок аялга үйлөнсөңүз, ага акчаңызды бөлүп бересиз да. А эгер акчасы жок адам акчасы жок адамга үйлөнсө, орой айтканда, экөө тең өлөт. Акчасы жок адам ал рецессивдик гендери бар адам. Италияда, Францияда, еврей элинде, өзбектерде эркектер жакын туугандарын, бөлөлөрүн алып, кыздары бөлөлөрүнө күйөөгө чыга берет. Ошондуктан аларда психикалык жана дене-мүчөсү жагынан оорулар көбүрөөк болот.

Казакстандын мисалы

Ал эми казак элинде жакын туугандар же уругу бир кыз-жигиттер өз ара үйлөнүшпөйт. Эгер болочок эрди-зайыптар бир уруктан болсо, аларга жети ата өтүп гана очок куруу мүмкүн. Казак журналисти Галым Бокаштын айтышынча, бул адатты орус тилдүү шаардык казактар да бекем сакташат.

- Казактар 20-кылымдын башында коомдо орногон салт боюнча өз уругунан үйлөнүшпөйт жана турмушка да чыгышпайт. Анткени, мусулманчылыкта жана шарият заңдарында (мыйзам, закон) жок болсо да, казактын салттуу заңына кездешчү норма: жети атадан берки тууган адамдар өз ара кыз алып, кыз беришпейт. Ошол себептүү казактар өз айылы эмес, башка айылдан же башка жактан аял алып келет, куда түшөт. Совет бийлиги орногондон кийин жана андан соңку заманда да жети ата деген принцип катуу сакталууда. Атүгүл бул адат “орусташып кеткен” делген үй-бүлөлөрдө азыркыга чейин урматталып, жети атадан берки тууган-уруктардын кудалашуусу абдан сейрек жолугат. Бул атасы жактан туугандарга катар энеси жактан туугандарга да мүнөздүү. Бөлөлөр да бири-бирине үйлөнүшпөйт. Андай үй-бүлөлөр болсо да, казактарда өтө аз кездешет.

Кыргызстандачы?

Медицина илимдеринин доктору, академик Сабырбек Жумабеков “Азаттык” радиосуна берген интервьюда жарды өлкөдө майып төрөлгөндөр көп болорун жана кыргыздар арасында таяке-жээн жагынан үйлөнгөндөр бардыгын өкүнүп айткан:

- Бизде майып адамдардын саны салыштырмалуу көп десем жаңылбайм. Себеби мамлекет канчалык кедей болуп, эл жарды жашаса, майып адамдар ошончолук көп төрөлөт да. Оорулуу ата-энеден оорулуу балдар төрөлөт. Бизде таяке-жээн жагынан үйлөнгөндөр өзгөчө Баткен тарапта көп. Кыргыздар жети ата өтүп үйлөнүү салтын ата жагынан гана сакташат. Бирок таяке-жээн жагынан кан бузуп, үйлөнүүлөр көп кездешет. Бул улуттун генетикасына чоң таасир этет.

Дин эмне дейт?

Жакын туугандардын өз ара баш кошуусуна ислам шарияты эмне дейт? Бул суроого Кыргызстандын мурдагы муфтийи, шейх Садыкжан Камолиддин мындай жооп берди:

- Шариат боюнча эже-сиңдилердин, аке-үкөлөрдүн, таяке-жээндердин, амакилердин (жээндин баласы) кыздары менен уулдары же уулдары менен кыздары бири-бирине нике кыйса болот. Алардын өз ара турмуш курганына шарият уруксат берет. Буйрат. Бирок медицина менен акыркы миң жылдагы илимий тажрыйба жакын туугандар ичиндеги нике жакшы болбогонун тастыктап айтууда. Шариятта өзүңүз карап көрүп, пайдалуу болсо кылгыла, зыяндуу болсо кылбагыла деп айтылган.

Шейх Садыкжан Камолиддин ошол эле учурда мусулман аалымдары жакын туугандардын арасындагы үйлөнүү алардын перзенттерине зыян келтирет, андай үй-бүлөлөрдө алты саны аман балдардын төрөлүүсү азыраак болот, ошон үчүн кан жаңылансын, жакын туугандар ортосунда нике болбосун деп айтканын да эскертте кетти. Диниятчы ушундан келип тажик парламентарийлеринин туугандар арасындагы баш кошууларга каршы демилгесин колдорун айтат.

Түшүндүрмө:

Рецессивдик. Медицинада бул термин генди мүнөздөгөндө колдонулат. Ал адамдын организминде эки окшош аллел болгон учурда гана байкалат. Көптөгөн тукум кууган оорулар адамдагы рецессивдүү жуп аллелде дефектүү ген бар болсо гана пайда болот.

Доминанттык. Ата-эненин үстөмдүк кылчу жана бала-чакаларына берилип, алардын тулку бою, денесинде байкалчу белгилери.

Аллел. Гомологиялык хромосомдун окшош бөлүгүндө (участкаларында) жайгашкан бир гана гендин түрдүү формасы. Ал кайсы бир белгинин (нышандын) өнүгүүсүнүн альтернативдүү вариантын аныктайт.

Гомологиялык хромосом. Хромосомдун узундугу, бири-бирине жакын, центромерадагы абалы бирдей жана бойогондо бирдей картина берет.

Центромера. Клеткалар бөлүнүп жаткан учурда байкалчу хромосом.

Казак парламенти өзүн таратууну өтүндү

Казак мажилиси

Казак парламенти – Мажилис депутаттары президенттен жыйынды таратып, кезексиз парламенттик шайлоо жарыялоону суранды.

Мажилисти таратуу сунушун 13-январдагы жыйында парламенттеги үч партия – “Нур Отан”, “Ак жол” жана Казакстан элдик коммунисттик партиясынын фракцияларынын атынан депутат Владислав Косарев жасады. Ал өлкө президентине Мажилистин бешинчи чакырылышын таратуу жана жаңы шайлоо жарыялоо өтүнүчү менен кайрылды. Мындай сунуш глобалдык системдик кризис жана ага каршы туруу менен байланыштырылды. Косарев ошондой эле азыркы парламент президент Назарбаев сунуштаган реформаларды ишке ашыруу үчүн ондогон мыйзамдарды кабыл алуу менен өз миссиясын аткарып бүткөнүн да кошумчалады.

Косарев менен брифингге чогуу чыккан депутаттардын бири Нурлан Абдиров бул сунушту бардык депутаттар кабылдай турганын айтты:

- Азыркы саясий шарттын башкы жоопкерчилигин, максаттары менен милдеттерин сезип отуруп, бул үндөөнү парламенттеги үч партиянын бардыгынын депутаттары кабылдайт. Бардык саясий партияларды адал жана ачык күрөшкө, жаңы парламенттик шайлоого катышууга чакырабыз.

Мындай брифингден кийинки пленардык жыйында мажилис депутаттары парламентти таратуу сунушун "бир добуштан" колдошту.

Канткен менен казак саясий чөйрөсүн бул жаңылык көп деле таң калтырган жок. Анткени кезексиз парламенттик шайлоо ыктымалдыгы тууралуу сөздөр былтыртан бери эле жүрүп жаткан.

Жалпы улуттук социал-демократиялык партиясынын төрагасы, мажилистин мурдагы спикери Жармахан Туякбай бул демилгени төмөнкү себептер менен байланыштырат.

- Бир жылдан бери эле ушундай болот деп күтүп жатканбыз. Себеби азыркы экономикалык жагдай, калктын турмушу күн санап начарлап баратканын билебиз. Башкасын айтпаганда да теңгенин куну күндөн-күнгө кулап, маяналар көбөйбөй, жумуш орундары улам азайып баратат. Мунун баары элдин нааразылыгын күчөтүүдө. Бийлик ушул унчукпай турган нааразылык ачык айтылган нааразылыкка ооп кетишинен коркуп, эрте шайлоо жарыялаганы жатат. Нааразылык азыр чыдамдуу деңгээлде турган учурда шайлоону өткөрүп алалы деп жатса керек. Анын үстүнө шайлоо жарыяланса элдин, саясий активисттердин көңүлү ошого бурулары турган иш.

Нурсултан Назарбаев кызы Дарига менен
Нурсултан Назарбаев кызы Дарига менен

Айрым казак саясат таануучулары жаңы парламент шайланган күндө деле ал өлкөдөгү саясий абалга эч таасир этпесин айтууда. Алардын бири Талгат Мамырайымов эрте шайлоо өткөрүү мажилиске Назарбаев бийлигинин мураскерлерине, эң алды менен анын тун кызы Дарига Назарбаевага жакын адамдарды алып келүү үчүн кажет деген ойдо. Ал Назарбаева бир таасирдүү орунда, балким парламент спикерлигинде отуруп, элди башкаргысы келгенин божомолдойт. Бирок бул шайлоо өлкөдөгү саясий абалды өзгөртө койбосун айтат.

Казакстанда буга чейинки парламенттик шайлоо 2012-жылдын январында өтүп, анда мажилиске үч партия - президентти колдогон “Нур Отан” жана бийликчил “Ак жол” менен Казакстан элдик коммунисттик партиялары келген. Мыйзам боюнча парламенттик шайлоо беш жылда бир өтүшү керек. Мажилисте жалпысынан 107 депутаттык орун бар. Анын 98и партиялык тизме менен шайланса, калган тогуз депутатты Казакстан калк ассамблеясы тандайт.

Акрамийлердин лидери абакта ажал тапканы ачыкка чыкты

Юлдашев тергөө учурунда түшкөн тасма

Өзбекстандын Анжиян шаарында 2005-жылдын 13-майында болгон окуяны түрмөдөн туруп башкарганы айтылган Акрам Юлдашев беш жыл мурда, 47 жашында абакта ажал тапканы эми ачыкка чыгып отурат. Террорчулукка айыпталган Юлдашев 1999-жылы 17 жылга кесилип, жаза мөөнөтүн бир кишилик камерада өтөп жаткан эле.

“Акрамийлер” деп аталган диний топтун жетекчиси Акрам Юлдашев 2010-жылы абактан ажал тапканын “Азаттыктын” өзбек кызматына айткан жергиликтүү бийликтин өкүлү мындан башка маалымат берүүдөн карманган. Өзбекстандын тартип коргоо органынын бир кызматкери Юлдашев беш жыл мурда кургак учуктан каза тапканын ырастады.

Мындан сырткары атын айтпоону өтүнгөн бир өзбек укук коргоочусу беш жыл мурда ушундай кеп-сөздөрдү укканын билдирди. Ошентип Акрам Юлдашев абакта ажал тапканы беш жылдан кийин гана ачыкка чыгып отурат.

2006-жылы АКШдан саясий баш паанек алып, бирок кийин кайра Өзбекстанга кайтып келген анын бир тууган карындашы мекенине келери менен агасынын тагдырына кызыккан. Бирок ага “агаңды издеп убара болбо” деп айтышкан экен.

Юлдашевдин Анжияндагы жакындарына 2005-жылдан кийин аны менен учурашууга жана тамак-аш киргизип турушуна уруксат бербей коюшкан.

2005-жылдын октябрында Анжиян окуясы боюнча сотто айыпталуучулардын бири Мойдун Сабиров Акрам Юлдашев да сотко келип көрсөтмө беришин талап кылган. Бирок сот Юлдашев кургак учуктун ачык түрү менен ооругандыктан сотко алып келүүгө уруксат берилбегенин билдирген. Ушундан кийин айыптоочу тарап Юлдашев тергөө учурунда түшкөн тасманы көрсөткөн.

- Ушул болуп өткөн иштерге эң чоң айыпкер менмин. Чогулган балдарга жыйырмадан бир топ болуп, аларга курал алуусу керектигин да мен айткам, - деген Акрам Юлдашев бул тасмада өңүнөн азып кеткени көрүнүп турган. Андан ары ал Анжиянда жихад уюштурууга буйрук бергенин мойнуна алган:

- Мен аларга фатва бердим. Бул жерде эң чоң күнөөкөр, эң чоң кылмышкер менмин. Мен айыпкермин.

2005-жылдын 13-майында Анжияндын борбордук аянтына тынч митингге чыккан миңдеген демонстранттарга өкмөттүк күчтөр тарабынан ок атылган эле. Укук коргоо уюмдары бул тополоңдо миңдей адам мерт болгонун жана алардын колунда эч кандай курал болбогонун айтып келет. Расмий Ташкен бул башаламандыкта 187 адам өлгөнүн, алардын көбү “куралданган террорчулар” болгонун жарыялаган.

Анжияндык диниятчы ишкерлердин лидери катары таанылган Акрам Юлдашев өзү ушул аймакта туулуп өсүп, Советтик армияда кызмат өтөп келген соң кыска убакыт текстиль комбинатында иштейт. Кийин пахтачылык институтун аяктаган соң орто мектепте физика менен математикадан сабак берет. 1992-жылы “Хизб-ут Тахрир” диний уюмуна мүчө болуп, көп өтпөй андан чыгат да өзүнүн диний-философиялык көз карашын чагылдырган “Ыйманга жол” аттуу китебин чыгарат.

Бул китепте айтылган ойлорду колдогон анжияндык ишкерлер баш кошуп, ондогон ишканаларды ачат. Юлдашевдин жолун жолдогондор бул ишкердик “ислам адилеттигине” негизделген деп эсептешкен. Ошентип отуруп Анжиянда “Акрамий” деген диний кыймыл түптөлүп, анын таасири арта баштайт. Топтун лидери Акрам Юлдашев 1998-жылы милициянын көзүнө түшүп, камакка алынат. Бирок 1999-жылдын январында мунапыс менен бошоп, ошол жылдын 16-февралында болгон Ташкендеги террордук чабуулдардан кийин кайра камакка алынат. Террорчулукка айыпталган Юлдашев бул ирет 17 жылдык абакка кесилет.

2004-жылдын жайында Өзбекстанда “Акрамий” агымын жолдогондорго таандык ишканалар четинен жабылып, алардын жетекчилери камакка алына баштайт. Ушундан кийин Акрам Юлдашев абакта жатып алып, аларды бошотуу аракеттерин көрө баштаганы жана ал чараларды жетектегени айтылып жүрөт. Камакка алынган “акрамийлердин” жактоочулары 2005-жылдын 13-майында Анжияндын борбордук аянтына диний экстремист деп шектелген 23 ишкерди абактан бошотуу талабы менен чыгышат. Нааразылык акциясына дароо эле башка социалдык талаптар да кошулуп, ага катышкандардын катары калыңдап кетет. Акыры бийлик митингчилерге ок атып, күч менен таратат.

Бул окуя боюнча сотто көрсөтүлгөн видеодо Акрам Юлдашев Анжиянда 12-майдын түнүндө жана анын эртеси эмне болуп жатканынан кабардар болуп турганын мойнуна алган.

Хоккейчинин жубайы Казакстандагы шартка нааразы

Стейси Даллмэндин социалдык сайттагы сүрөтү

Астанада бир топ жылдан бери жашаган канадалык хоккейчинин жубайы Стейси Даллмэн Казакстандагы жашоону кескин сынга алды.

Өзүнүн блогдорунда Казакстандагы адилетсиздикти жана коррупцияны сындап келген Астанадагы канадалык хоккейчинин жубайы Стейси Даллмэн социалдык тармактарда кайрадан коомчулуктун назарына илинди.

Суусу жок үйдү 13 миң долларга ижарага алып...

Жаңы жылдын алдында Казакстандагы “Барыс” хоккей клубунун оюнчусу, канадалык Кевин Даллмэндин аялы Стейси Даллмэндин Инстаграмдагы баракчасында алардын Астанадагы 13 миң долларга ижарага алган үйүндө бир нече күндөн бери суу болбогону туурасында маалымат жарыяланды. Ал өзүнүн тааныштарына башка жактан батир издеп тапканга жардам берүүнү суранып жазган.

“Азаттыктын” кабарчысына Стейси Даллмэн буларды айткан:

- Бул жакта суунун көйгөйү бардык жерде болуп турат. Бир жумадан бери суусу жок жашагандан жадап кеттик. Баарынан жаманы үйдүн ээси келип калганда бул анын күнөөсү эместигин айтат. Бирок ал үйүн ушундай чоң акчага ижарага берип, анда бир нерселери иштебесе, анда анын кантип күнөөсү болбосун? Бизге суу керек да. Ошондуктан биз убактылуу болсо да башка бир батирге көчүп турушубуз керек болчу. Бул жерде маселе акчада деле эмес. Үйдүн кожоюну сараңдык кылбай, үй ээси катары өзүн жоопкерчиликтүү алып жүрүшү керек эле.

Хоккейчи Кевин Даллмэн (оңдо). Астана, 6.10.2012.
Хоккейчи Кевин Даллмэн (оңдо). Астана, 6.10.2012.

Көп жылдан бери Казакстанда жашаган чет элдик келин бул жолу Казакстан тууралуу жазбай, үй ээсине байланышкан кырдаалга капа болгонун белгилеген.

Мындан эки жыл мурун Стейси Даллмэн интернетте аябагандай көп талкуу болгондуктан Казакстан тууралуу эч кандай блог жазбоону убада кылган болчу. Андагы блогдорунун биринде канадалык хоккейчинин аялы Астананын чет жакасындагылар сууну керек болсо кышында да кудуктан алып ичерин жазган болчу.

“Эгерде үйлөрүндө суу болбосо, анда алар бул өлкөдө эмне кылып жүрүшөт?”, - деп таң калган эле Стейси Даллмэн.

Ит-мышыктарга ким кам көрөт?

Азыр эми хоккейчи Кевин Даллмэндин жубайы жолбун ит-мышыктардын абалы тууралуу көп жаза баштады. Стейси Даллмэн Орусияда жана Казакстанда жашаган соңку сегиз жылда элүүгө чукул ит-мышыкты таап, багып алып жана аларды жаңы кожоюндарыныкына жайгаштырган. Ал талаада калган ит-мышыктарды АКШ жана Канада сыяктуу өлкөлөргө алып барып багууну кыялданат.

Стейси Даллмэндин Instagram сайтына Астанадан койгон сүрөтү:

Стейси Даллмэн Казакстанда бул жагдай оор экенине мындайча токтолгон:

- Учактын билети миң доллар турат. Эгерде Казакстанда кимдир бирөө кол ачыктык кылып, айбанаттарды АКШга жүк ташыган кемелер аркылуу жеткирүүгө жардам берсе, анда биз жылына жүздөгөн ит-мышыкты сактап калмакпыз. Германияда, Канадада же АКШда муну жасаганга болот. Бирок бир гана Казакстанда эмес.

Стейси Даллмэн 2012-жылы Казакстанга байланыштуу нерсенин бардыгын жек көрө баштаганын жазып, бул өлкөнүн жашоо образы аябай адилетсиз экенин айткан. Ал мекенине кайтып барган соң Казакстанда өткөргөн төрт жылы тууралуу бир катар аябай аянычтуу баяндарды жазган болчу.

Стейси Даллмэндин Instagram сайтындагы видеосу:

- Мына ушундай жаратылыш ресурстарына бай, чоң потенциалы бар өлкөдө кембагал жашаган адамдарды көргөндө жүрөгүң ооруйт. Адамдар өз жерин иштетүүдөн бир тыйын да пайда көрбөйт. Өлкөнү өнүктүрүүгө жумшала турган акча коррупциянын, уурулуктун, алдамчылыктын, сараңдыктын жана өзүмчүлдүктүн айынан кумга сиңген суудай жок болууда. Мындай көрүнүш бийликтин бардык бутактарында бар. Бул жерде адилеттүү жана акыйкат иштеп, турмушун илгерилетүү үчүн акча чогулткан жөнөкөй жарандарга орун жок.

Стейси Даллмэн төрт жыл мурун Казакстан тууралуу блогунда ошентип жазган болчу. Анда Казакстандын Тышкы иштер министрлиги расмий түрдө Стейси Даллмэндин жазганын анын “жеке пикири” катары баалаган болчу. Бирок андан бир аптадан соң күйөөсү, хоккейчи Кевин Даллмэн менен “Барыс” клубунун ортосунда келишим токтотулган. Ошентип 2008-жылдан бери анда ойногон хоккейчинин аталган клубду эмне себептен таштап кеткени белгисиз бойдон калды.

2012-жылдан 2014-жылга чейин Кевин Даллмэн Орусиянын Санкт-Петербург шаарындагы СКА клубунда ойногон. Ал Казакстандагы “Барыс” клубуна 2014-жылы кайтып барган.

АКШда өзбек качкыны террорчулук боюнча соттолду

Фазлиддин Курбанов

АКШдан баш паанек алган өзбек качкыны Фазилиддин Курбанов 25 жылга соттолду. Бейшембиде чыккан сот өкүмүнө ылайык, ал АКШда жаза мөөнөтүн өтөп бүткөн соң мекенине депортацияланат.

Ушуну менен соңку жылдары АКШда үчүнчү жолу өзбек жараны терроризмге айыпталып, кесилди.

АКШда өзбек качкыны Фазлиддин Курбанов террорчулукка айыпталып, 25 жылга эркинен ажыратылды. Аны сот АКШдагы аскер академиясына кол салууга даярданганы үчүн күнөөлүү деп тапты. АКШда бул боюнча соттун өкүмү 7-январь, бейшемби күнү чыкты. “Азаттыктын” өзбек кызматынын кабарчысы Фазилиддин Курбанов сотто тагылган айыптоону четке какканын белгиледи:

- Фазилиддин Курбанов АКШ аймагында жихад жасоого ниеттенген. Ал АКШда 2001-жылы 11-сентябрдагы теракттагыдай бомба жардырууну көздөгөн”, - деген өкүмдү окуду америкалык судья Эдвард Лодж. Фазилиддин Курбанов сотто эч качан террорист болбогонун, эч кимге залал келтирбегенин жана андай ниети болбогонун айтты.

Террористтердин арасынан досун издеген

2009-жылы АКШга баш калка издеп барган Фазилиддин Курбанов сотто "Өзбекстан ислам кыймылынын" өкүлдөрү менен интернет аркылуу байланышканы менен эч кандай террорчулук ниети болбогонун кошумчалады. Бирок америкалык прокурор Фазилиддин Курбанов жихадчы экенин жана ал жардыруучу түзүлүштүн тетиктерин террористтерге таап, жеткирүү менен алектенгени боюнча мисалдарды келтирди. Мамлекеттик айыптоочунун айтымында, Курбанов АКШдагы аскерий объекттерге, анын ичинде түздөн түз West Point аскер академиясына террордук чабуул уюштурууга даярданган. АКШга алты жыл мурун качкын катары келген Фазилиддин Курбанов 2013-жылы Айдахо штатынын Бойси шаарындагы өзүнүн батиринен кармалган. Соттук териштирүү учурунда Фазилиддин Курбанов “Өзбекстан ислам кыймылынын” мүчөлөрүнө өзүнүн бала кезиндеги досун издеп гана байланышка чыкканын белгиледи. Бирок ал ага тагылып жаткан террорчулук байланыштар тууралуу айыптоону толугу менен четке какты. Ошондой эле Курбанов көрсөтмөсүндө согушкерлердин бири андан акча сураганын, бирок ал ага эч кандай каржылык көмөк көргөзбөгөнүн белгилеген.

Фазилиддин Курбанов АКШда террорчулукка айыпталып, кармалган алгачкы өзбекстандык эмес. 2012-жылы АКШ соту Өзбекстандын жараны Улугбек Кадыров президент Барак Обамага кол салууну уюштурууга аракеттенген деген негизде аны күнөөлүү деп тапкан. Улугбек Кадыров 15 жылга эркинен ажыратылган болчу. Ошол эле жылы башка бир өзбек жараны Жамшид Мухтаров террордук уюмдун эсебине каражат салып турган жана анын катарына кошулууга умтулган деген шек менен Чикагонун аэропортунан кармалган.

Мухаммед Ху Чжэнхуа агайдын ысык наны

Профессор Мухаммед Ху Чжэнхуа Жусуп Баласагын атындагы КУУда. 2003.

Бүгүн, 09.1.2016, кытайлык белгилүү кыргыз таануучу Мухаммед Ху Чжэнхуа 85 жашка чыкты. Анын кыргыз таануудагы илимий салымдары жана бейнеси тууралуу Т.Чоротегиндин блогун сунуштайбыз.

Кытайлык чыгаан кыргыз таануучулардын бири

«Манас» дастанындагы Алмамбеттин бейнеси – кылымдар карыткан тарыхта кыргыз элинин руханий асыл-нарктарын жана маданиятын сүйүп кабыл алган, теги башка этностон болгон нечен миңдеген инсандардын жалпылама бейнеси десек жаңылышпаспыз.

Азыркынын Алмамбеттерине археолог Юлий Худяков, этнограф Саул Абрамзон, музыка таануучу Виктор Виноградов, сүрөтчү Теодор Герцен, дастан таануучулар Карл Райхл мырза, Лаң Йиң айым, этнограф Гундула Салк айым сыяктуу теги, дини, жынысы ар кыл чыгаан инсандарды кошсок болот.

Профессор Ху Чжэнхуа. Бээжин. 22.10.2015.
Профессор Ху Чжэнхуа. Бээжин. 22.10.2015.

Ошол инсандардын алдыңкы сабында тургандардын бири - кытайлык заманбап түрколог, кыргыз таануучу, манас таануучу, профессор, “Манас” орденинин ээси, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын ардактуу академиги Мухаммед Ху Чжэнхуа (ханзуча: 胡振华; англисче: Muhammed Hu Zhenhua) мырза.

Үчтүн айынын (январдын) 9унда 85 жашка чыккан агай (аны кытайлык кыргыздар «Ху Лаоши» («Устатыбыз Ху») деп урматтап аташат.

Кыскача өмүр таржымакалынан

Мухаммед Ху Чжэнхуанын этностук теги - кытайлык мусулман (дунган, б.а. «хуэй»). Ал 1931-жылы үчтүн айынын (январдын) 9унда Кытайдын Шандуң вилайетинин Чиңдав шаарында темир жол жумушчусунун үй-бүлөсүндө дүйнөгө келген.

Ал Кытай социалисттик өлкөгө айланаардан мурда, 1949-жылы июлда, жигит чагында, коммунисттик ыңкылапчыл иш-аракеттерге да катышкан.

Профессор Ху Чжэнхуа жубайы Фатима менен. 22.10.2015.
Профессор Ху Чжэнхуа жубайы Фатима менен. 22.10.2015.

1948-жылдан 1953-жылга чейин Нанжиң чыгыш тилдер мектебинде арап тилин, Шандуң университетинде орус тилин, Бэжиндеги Борбордук улуттар институтунда уйгур тилин үйрөнгөн.

1953-жылы окууну бүтүрүп, Бээжиндеги Борбордук улуттар институтунда окутуучу болуп калган.

Ал тил теориясы жана улуттук адабиятты изилдөө көйгөйлөрү менен алектене баштаган.

Кыргыз таануудагы салымдары

1953-жылдан баштап Мухаммед Ху Чжэнхуа Чыгыш Теңир-Тоонун түндүк-түштүгүндөгү кыргыз айылдарын аралап, кытайлык кыргыз тилин жеринен үйрөнгөн.

Мунун аркасында Мухаммед Ху Чжэнхуа кытайлык кыргыздардын тили, фольклору, дастандары жана тарыхына байланыштуу көптөгөн фольклордук материалдарды жыйнаган.

Профессор Ху Чжэнхуа кыргыз элинин «Манас» жана башка дастандары, маданияты, салттары жана кыргыз тили жаатында тынымсыз иликтөө жүргүзүп келет.

Ал кытайлык кыргыздардын даңазалуу манасчысы Жусуп Мамайды кытай элине жана дүйнөгө таанытууга зор салым кошкон.

Ху Чжэнхуанын «Кыргыздардын баатырдык эпосу "Манас"» («Элдик адабият», 1962-жыл, 5-сан) аттуу илимий макаласы жарык көргөн чакта кытайлык кыргыздардын арасында ханзу тилин мыкты билип, бүткүл кытайлык деңгээлде илимий эмгек жаратып калган илимпоздор жокко эссе болчу.

Айтылуу «маданий ыңкылап» Кытайдагы кыргыз таануу илимин убактылуу үзгүлтүккө учураткан. Бул «кара булут» биротоло артка чегинген соң, Мухаммед Ху Чжэнхуа кыргыз таануу, манас таануу тармактарында кайрадан шымалана киришкен.

Анын «маданий ыңкылаптан» кийинки доордогу «Жүсүп Мамай жана "Манас"» («Жуңго курулушу», (араб арибинде). - 1979-жыл, 10-сан), «Баалуу адабият мурасы - "Манас"» («Эл гезити», 1984-жыл, 21-февралдагы саны), «Кыргыздардын баатырдык эпосу "Манас"» («Энциклопедиялык билим», 1987-жыл, 12-сан), «Чет элдерде "Манас" эпосунун изилденүү абалы» («Аз сандуу улуттардын көркөм өнөрү», 1982-жылкы басылышы), «Шинжаң кыргыздарынын "Манас" эпосу жөнүндө баян» (француз тилиндеги «Түркология» журналы, 1984-жыл, 21-саны), «Чет элдердеги манасчыларды тааныштыруу» («Улуттук адабият изилдөөсү», 1986-жыл, 3-сан) ж. б. макалалары«Ху Лаошинин» илимий багыты кыргыз таануу жана манас таануу экенин айгинелеп турат.

Профессор Мухаммед Ху Чжэнхуа, андан сырткары, Түндүк Кытайдагы тарыхый Манчжурия аймагында байырлаган кыргыздардын (Хэйлуңжаң вилайетинин Фу-Йү үйөзүндөгү кыргыздардын) тили жана этнографиясы менен байланыштуу илимий эмгектер жарыялаган.

Профессор Ху Чжэнхуа, жапон профессору Такао Нишиваки, Ху Чжэнхуанын жубайы Фатима жана немис профессору Карл Райхл (оңдо). Бээжин. 22.10.2015.
Профессор Ху Чжэнхуа, жапон профессору Такао Нишиваки, Ху Чжэнхуанын жубайы Фатима жана немис профессору Карл Райхл (оңдо). Бээжин. 22.10.2015.

​Профессор Мухаммед Ху Чжэнхуа кытайлык кыргыздардын Адыл Жуматурду, Мамбеттурду Мамбетакун, Токтобүбү Ысак кызы, Ысакбек Бейшенбек сыяктуу заманбап илимпоздоруна устаттык кеп-кеңештерин берип келет. Азыркы тапта да ал, ардагер болгондугуна карабастан, Бээжиндеги Борбордук Улуттар университетинде кыргыз тили жаатында дарстар окуп, аспирант, докторанттарга баалуу кеңешин берип келет.

Ал өзүнүн теги – дунгандар менен байланыштуу да өзгөчө баалуу эмгектер жазган. Анын илимий жоромолуна караганда, азыркы кытайлык мусулмандардын «хуэй» этносу Тан сулалесинин доорунда Батыш Азиядан Кытайга келген мусулман арап, перс өкүлдөрүнүн жана Чыңгыз хандын жортуулдары доорундагы мусулман түрктөрдүн өкүлдөрүнүн ханзуларга жуурулушуусунун негизинде орто кылымдарда келип чыккан.

1993-жылы анын калеминен жаралган «Кытайлык хуэй улуту» деген илимий китеп жарык көрүп, илимий чөйрөдө жогору бааланган.

Демек, бир эле учурда аны кытайлык чыгаан дунган таануучу деп атасак да жарашат.

Ху Чжэнхуа жана Кыргызстан

Профессор Мухаммед Ху Чжэнхуа эгемен Кыргызстанга бир нече ирет келип кеткен.

Эсимде, кыргыздардын экинчи дүйнөлүк курултайына ал фу-йү кыргыздарынын коомдук уюмунун жолбашчысы Ву Жанжу менен чогуу келип, Чолпон-Атада болуп, төбөсү көккө жеткендей сүйүнүп жүргөн. Университеттерде студенттер жана илимпоздор жамааттары менен жолугушкан.

Немис профессору Карл Райхл (оңдо), Ху Чжэнхуанын жубайы Фатима жана Т. Чоротегин. 22.10.2015.
Немис профессору Карл Райхл (оңдо), Ху Чжэнхуанын жубайы Фатима жана Т. Чоротегин. 22.10.2015.

Ага Кыргызстандын бийлиги тарабынан үчүнчү даражадагы “Манас” ордени тапшырылган (2002), Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясы тарабынан «ардактуу академиги» наамы ыйгарылган.

Кусейин Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин ардактуу профессору наамын алган (2003).

Кыргызстан дунган таануу жамаатынын сыйлыгын да алган (2011).

Кыргызстандын таанымал уул-кыздары Бээжинге барган чагында Мухаммед Ху Чжэнхуанын үйүндө болуп, ага ар дайым учурашып кетип жүрүшөт.

Ху Лаошинин ысык наны

Былтыр (2015-жылы, кой жылы) тогуздун айынын (октябрдын) соңунда туз-насип буюруп, ушул саптардын ээси да Бээжиндеги түркологиялык эл аралык илимий жыйынга катышты.

Ара-чолодо биз (немис профессору Карл Райхл, жапон профессору Такао Нишиваки, кытайлык кыргыз илимпозу Ысакбек Бейшенбек болуп) Мухаммед Ху Чжэнхуанын үйүнө бардык.

Немис профессору Карл Райхл, кытайлык кыргыз илимпозу Ысакбек Бейшенбек жана Т. Чоротегин Ху Чжэнхуанын үйүндө. 22.10.2015.
Немис профессору Карл Райхл, кытайлык кыргыз илимпозу Ысакбек Бейшенбек жана Т. Чоротегин Ху Чжэнхуанын үйүндө. 22.10.2015.

Байбичеси Фатима өтө мээримдүү жана жайдары апа экен. Чай ичип, улам бир кызыктуу темага өтүп, баарлашып жаттык.

Мухаммед Ху Чжэнхуа бир нече тилди мыкты билээрине өз көзүм менен күбө болдум. Кыргызча, жапончо, кытайча, орусча, англисче сүйлөй калып жатты.

Төрдө мурдагы президент Роза Отунбаева жана кыргызстандык окумуштуулар менен түшкөн сүрөттөрүн, кыргыз картасын сыйлуу жерге илип коюптур.

Карыя кыргыз таануучу агай баарлашуу маалында Кыргызстандын азыркы жетекчилигине, ошондой эле Роза Исак кызы эжеге, Кыргызстандын Улуттук илимдер академиясынын президенти Абдыганы Эркебаевге жана башка алатоолук окумуштууларга дубай саламын жолдоду.

Бөлмөлөрүндө манас таануу, кыргыз таануу, түркология жана дунган таануу боюнча китептер шыкалып жыйылып турат.

Биз шашып жатканыбызды, айрымдарыбыз аба майданына кетээрин айтып, жолго чыкканыбызда, Мухаммед агай такси аялдамасына чейин ээрчип келди да, ой-боюбузга койбой, аялдамага жакын жердеги мусулман наавайканасынан ар бирибизге ысык нан сатып берди.

Дароо көңүлүмө кыргыздын «нан ооз тийүү» салты кылт эте түштү.

Балким, Ху Лаоши сыйлуу конокторуна кыргыздын салтын көрсөткөндүр, же чыгыш элдеринин орток меймандостук салтынын бир ырасымын аткаргандыр, «кийинчерээк тактап сурап алаармын» деген ой менен жолумду уланттым.

Берки коноктор да маашырланып, профессор Ху Чжэнхуага ыраазы болушканын бири-бирине айтып жатышты.

Буюрса, быйыл, мечин жылы, Кыргызстанда Мухаммед Ху Чжэнхуанын 85 жылдыгына арналган илимий жыйын расмий түрдө өткөрүлмөкчү. Мухаммед агай өзү да келип, Бишкектин наавайчыларынын ысык нанынан ооз тийет ко деп үмүт кылабыз.

Сырт жакта да дастандагы Алмамбеттин кызматын өтөгөн, кыргыз-кытай мамлекеттерине данакер көпүрө болгон профессор Мухаммед Ху Чжэнхуа мырзадай аксакалдарыбыз бар экендиги тууралуу ой ар дайым жүрөк жылытып келет.

Бар болуңуз, 110го чыгыңыз, урматтуу Мухаммед Ху Чжэнхуа агай!

Токол делген журналист "актыгын" далилдеди

Тажик журналисти Харамгүл Кодир.

Тажикстанда тыюу салынган “Ислам кайра жаралуу” партиясынын сыртка чыгып кеткен лидери Мухиддин Кабиринин жакындарын суракка алуу өткөн айда күчөп, анын карыган атасы да милицияга чакырылган. Атүгүл Кабири менен жакын мамиледе болгон деп шектелген журналист өзүнүн кыз экенин далилдөөгө аргасыз болгонун айтып чыкты.

Тажикстанда террордук деп табылып, ишмердигине тыюу салынган Ислам кайра жаралуу партиясынын өлкөдөн чыгып кеткен жетекчиси Мухиддин Кабиринин жакындарын суракка алуулар өткөн жыл соңунда күчөп, анын 95 жаштагы атасы да тергөөчүгө чакырылган.

Буга удаа өкмөттүк “Жумурият” гезитинин кабарчысы Харамгүл Кодир да Кабири менен жакын байланышта болгон деген шек менен суракка алынган. Ал “Азаттыктын” тажик кызматына маегинде алгач аскер прокуратурасы козголоңчу генерал Назарзоданын иши боюнча тергөөнүн алкагында суракка чакырганын, кийин ал сурак тыюу салынган партиянын лидери Кабири менен жеке мамилеси тууралуу уланганын айтты.

- Менден Мухиддин Кабири менен мамилем тууралуу сурашты. Мен ал киши менен тек гана саламым түз болгонун, алакабыз ал-жай сурашкандан ары өтпөгөнүн гана айттым. Мен аны менен жакын мамиледе болгонум боюнча шектенүүлөр болгон экен. Атүгүл Кабиринин токолдорунун бири жана андан балалуу болгонум тууралуу да айың кептер чыгып кетиптир. Мен мунун баары жалган экенин айттым.

Журналист андан ары өзүнүн “актыгын” далилдөө үчүн медициналык текшерүүдөн өтүүгө да аргасыз болгонун айтты:

- Менин кайсы бир министр же башка чиновник менен жакшы мамиледе болгонум аны менен башка да байланышым бар экенин түшүндүрбөйт да. Кабири менен мамилем жакшы болгон күндө деле, анын мамлекеттик төңкөрүш жасоо ниетине кандай тиешеси бар? Эгер бул маселе мамлекеттик коопсуздук үчүн маанилүү болсо, эгер менин жеке жашоом кандайдыр бир коркунуч туудуруп жатса, анда мен ар кандай экспертизадан, текшерүүдөн өтүүгө даяр экенимди айттым. Бул мен үчүн шылдың болсо да таза экенимди, кыз экенимди далилдөө үчүн ушундай кадамга бардым. Анын натыйжасында мен эми мамлекеттик коопсуздукка эч кандай коркунуч туудурбасымды жана кыз экенимди ишенимдүү түрдө айта алам.

Харамгүл Кодир укук коргоо органдарынын өкүлдөрү мындай сунушун дароо кабыл алып, медициналык мекемеге кошо барганын, ошол экспертизанын жыйынтыгы менен алардын мамилеси өзгөрүп, урмат менен карап калышканын да кошумчалады.

Айрым мусулман өлкөлөрүнө мүнөздүү кыздык текшерүү салтынан тажик коому да кур эмес. Харамгүл бул талаштуу тажрыйба адам укуктарына каршы келгенине карабай тажик коомунда жыйырма жаштан кийин турмуш курбаган кыздарга башкача карагандар бар экенин жашырбайт.

Бул сурактан кийин журналист Харамгүл Кодир өлкөдөн чыгып кеткен. Бирок ал жакында кайра мекенине кайтууну көздөөдө.

Буга чейин Борбор Азияда расмий катталган жападан-жалгыз исламчыл саясий уюм саналган Тажикстандагы оппозициялык Ислам кайра жаралуу партиясынын лидери Мухиддин Кабири былтыр марттагы парламенттик шайлоодон кийин өлкөдөн чыгып кеткен. Андан соң партия мүчөлөрүнө кысым күчөп отуруп, акыры өлкөнүн Жогорку соту коргоо министринин мурдагы орун басары Абдухалим Назарзода баштаган топтун өткөн күздөгү козголоңунан кийин партияны террордук бирикмелердин катарына кошуп, ишмердүүлүгүнө тыюу салган. Ошондон кийин партиянын 20дан ашуун активдүү мүчөсү камакка алынып, сыртка чыгып кеткен лидеринин жакындарын суракка алуулар күчөгөн.

Тажикстан издөө салган Мухиддин Кабири азыр кайда экени белгисиз. Бирок ал 27-декабрда Ирандагы бир эл аралык жыйынга катышканына Тажикстандан барган расмий делегация күбө болгон. Мындан улам тажик бийлиги аны жыйынга чакырганы үчүн Тегеранга нааразылык билдирген.

“Ислам кайра жаралуу” партиясы бир кезде кадыр-баркы боюнча Тажикстандагы экинчи партия болуп эсептелген. Былтыр марттагы шайлоодо беш пайыздык босогону багындыра албай, парламентке өтпөй калган. 45 миңдей мүчөсү бар бул партия парламенттин буга чейинки үч чакырылышында төмөнкү палатадан орун алып келген эле.

Партия жетекчилиги оппозициялык көз карашы үчүн басым-кысымга кабылганын айтса, укук коргоо уюмдары да партия мүчөлөрүн куугунтуктоолордун саясий жүйөсү бардыгын билдирип келишет.

Казак активисттери орус каналдарына каршы

Казакстандык көз карандысыз журналист Сергей Дуванов.

Маалыматтарга караганда, Казакстан аймагында катталган 235 чет элдик каналдын 158и Орусияныкы. Кыргыз өкмөтү болсо орус телеканалдарына өзгөчө макам берүүнү сунуштап, коомдук талкууга чыгарды.

Казакстандык бир катар активисттер өлкөдөгү орус телеканалдарын бир тараптуу маалымат таратканы үчүн чектөөнү талап кылып жатышат. "Азаттыктын" суроолоруна казакстандык көз карандысыз журналист Сергей Дуванов жооп берди.

"Азаттык": Жакында эле казакстандык бир катар активисттер орусиялык каналдарды толугу менен чектөөнү талап кылышты эле. Ушул тапта бул маселе азыр кайсы деңгээлде?

Дуванов: Ооба, чындыгында эле ошондой аракеттер болуп, тагыраак айтканда, чет элдик каналдардын бардыгын каттоодон өткөрүп, лицензия берүүнү караган мыйзам киргизүү тууралуу сөз болгон. Бирок бул мыйзам долбоору кийинкиге жылдырылып, июнь айында каралмай болду. Ошондуктан азыр Орусиянын каналдары Казакстанда жергиликтүү каналдардай эле макамда обого чыгууда.

"Азаттык": ​Казакстанда Москванын телеканалдарын чектөө орусиялык медиа каражаттардын бир тараптуу маалымат тараткандыгы үчүн сунушталып жатабы?

Дуванов: Негизги маселе - орусиялык каналдар казакстандык коомдо үстөмдүк кылат. Алар өлкөнүн саясий күн тартибин аныктап, саясий маанайды түзөт. Дүйнөдө болуп жаткан окуялардын бардыгын Орусиянын көзү менен көргөзөт.

Казакстан көз карандысыз мамлекет болуп туруп, маалыматтык жактан толугу менен Кремлден көз каранды. Бул баарына белгилүү нерсе. Дал ушул маселеден улам активисттер тобу орусиялык каналдардын санын чектөөнү талап кылышууда. Маселен, Украинадагы окуялар боюнча анча-мынча англис тилин билген же интернетти активдүү колдонгондор гана толугураак маалымат алышат. Ал эми калктын басымдуу бөлүгү орусиялык каналдар эмне десе ошону угушат жана ошондой кабыл алышат. Ал эми жергиликтүү каналдар деле толугу менен ошол орусиялык каналдардан көчүрүшөт, ошолорду эле кайталап, казакча которуп айта беришет.

"Азаттык": ​Активисттер сунуштагандай Казакстанда Орусиянын каналдарын толугу менен чектеп коюу мүмкүнбү?

Дуванов: Суроо алардын санын кыскартууда эмес. Орусиялык каналдардын жарнамалык эфирин бөлүштүрүү, идеологиялык мазмунун алмаштыруу сыяктуу суроолор көтөрүлүүдө. Бирок андай болгондо, менин көз карашымда, орусиялык каналдардан алып көрсөткөн казакстандык телеканалдарга кыйынчылык болушу ыктымал. Казакстандык контент менен аудиторияны кызыктырып, жогорку рейтингди кармап, калк арасына жайылтуу абдан кыйын. Өзгөчө кабелдик каналдардын ээлери кыйналышы мүмкүн, анткени учурда өлкөдө кабелдик каналдар негизги болуп, аналогдук каналдар акырындан жоюлуп баратат.

"Азаттык": Казакстанда ​Орусиянын “Биринчи каналы”, “РТР” каналы толугу менен кайталанбайт да, туурабы?

Дуванов: Ооба, ал каналдардын айрым программаларынын ордуна биздин жергиликтүү каналдар өз берүүлөрүн коё беришет. Бирок бул негизинен саясий идеологиялык мазмунду эч өзгөртпөйт. Эми аналогдон көрсөткөн каналдар өз мазмунун кошот. Ал эми кабелдик каналдар Москва кандай даярдаса, дал ошондой көрсөтөт.

Азыр элдин баары кабелдик каналдарды көрүп калышты. Казакстанда Орусияда канча канал болсо ошонун баарын кабелдик телеканалдар көрсөтөт, ал жакта эч кандай чектөө жок. Орусча маалымат берген чет элдик каналдардан, менимче, бизде болгону "Евроньюс" бар.

“Газпром” коңшуларды араздаштырабы?

Орусиянын “Газпром” компаниясы жаңы жылдан тарта түркмөн газын сатып алуудан толук баш тартты.

Бирок ошол эле эле күнү ал быйыл өзбек газын сатып алуунун өлчөмү бир топ көбөйтүлө турганын турганын жарыялады.

Эл аралык мамилелер жаатындагы адистер Орусиянын мындай кадамын Түркмөнстан менен Өзбекстандын кызыкчылык атаандаштыгына от койгон “бөлүп-жаруу” саясаты катары мүнөздөшүүдө.

Жаңы жылдагы "жүрүштөр"

Орусиянын маалымат агенттиктери жыл жаңырары менен эле “Газпром” Түркмөнстандан газ сатып алууну токтотконун жазып чыгышты. Ошол эле күнү “Газпромдун” башка өлкөлөрдөн газ сатып алуу менен алектенген “Газпром-экспорт” компаниясындагы булактарына таянган орусиялык агенттиктер көгүлтүр отунду Өзбекстандан сатып алууну караган жаңы газ келишимине кол коюлганын жарыялашты. Бирок Орусиянын “Газпром” компаниясы эмнеге түркмөн газынан баш тартканы жана аны кандайча өзбек газы менен алмаштырууга зарылдык туулганы туурасында кошумча комментарий берилген эмес.

“Азаттык” радиосунун түркмөн кызматынын кабарчысы Орусиянын газ рыногунда эки кошунаны “ойноткон” түшүнүксүз мамилесине минтип басым жасады:

- “Газпром экспорт” компаниясынын Түркмөнстандан газ сатып алууну токтоткону тууралуу кабар чыккан күнү эле Орусия Өзбекстандан сатып ала турган газдын өлчөмүн көбөйткөнү туурасында маалымат жарыяланды. 4-январда “Газпромдун” жетекчиси Алексей Миллер өзбек газын сатып алуу тууралуу жаңы келишим жаңырган жылдын биринчи күнүнөн тарта күчүнө киргенин билдирди. Анын айтымында, өзбек газы боюнча макулдашууга өткөн жылы декабрда эле кол коюлган экен. Буга чейин Орусия Түркмөнстандан ири өлчөмдө газ сатып алып турган кезде Өзбекстандан сатып ала турган газдын өлчөмүн 1 миллиард метр кубга чейин кыскарткан болчу.

Буга чейин Орусиянын “Газпром” компаниясы жылына 11 миллиард метр куб өлчөмдө түркмөн газын сатып алып турган. Былтыр Түркмөнстандын мунай-газ министрлиги 2015-жылкы газ үчүн Москва карызын төлөй албай жатканын билдирген болчу.

Түркмөнстанды "жазалап коюу" чарасы

“Эркин Европа” радиосунун аналитиги Брюс Панниер Түркмөнстан газ маселесинде көптөн бери Кремлдин кыжырына тийип келгенин белгилеген. Анын айтымында, Түркмөнстан Орусия баштаган уюмдарга мүчө болуудан баш тартып, нейтралдуу саясатын уланткан. Ошол эле кезде Ашхабад Орусияга атаандаштык жаратып түркмөн газын Европага экспорттоого аракетенген. Ага чейин Орусия Түркмөнстандан газды сатып алып, аны кайра Европага дүйнөлүк баада сатып турган. Мисалы, Орусия 2008-жылы Түркмөнстандан 45 миллиард метр куб газды сатып алган. Анын өлчөмүн кыскартып отуруп, Орусия быйыл түркмөн газын алууну биротоло токтотту. 5-январь күнү “Газпромдун” жетекчиси Алексей Миллер эми газды Өзбекстандан сатып ала турганын ырастаган.

Брюс Панниер Орусия түркмөн газынан баш тартып, бирок ошол эле кезде сатылып алынчу өзбек газынын өлчөмүн көбөйтүү менен бул эки өлкөнүн ортосуна жарака кетирүүнү көздөп жатат деп белгиледи. Анткени Түркмөнстандын рыноктогу бул ордун кошунасы көз көрүнө тартып алгандай жагдай пайда болгон. Түркмөнстан мурдагы СССРдин аймагында Орусиядан кийинки эң ири газ өндүрүүчү өлкө болуп саналат. Ал Орусиядан сырткары Кытай менен Иранга гана жаратылыш газын экспорттойт. Ансыз да газдын баасы төмөндөп, экономика солгундап жатканда “Газпромдун” бул кылыгы Түркмөнстанды кошунасынын колу менен жаакка чапкандай болду дешет талдоочулар.

Тажикстан Саудиянын “саламын” алды

Рахмон президент болгондон бери биринчи жолу Мекеге барып, Каабага кичи зыярат жасады.  

Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон Сауд Арабияга расмий сапар менен барды.

Жакынкы Чыгышта татаал жагдай түзүлгөн чакта Тажикстан Сауд Арабиясы менен кызматташууну тереңдетүүгө байланыштуу беш документке кол коюп, ири өлчөмдө каржылык жардам алмай болду. Эл аралык мамилелер жаатындагы адистердин айтымында, Иран менен Саудиянын ортосундагы тирешүү күчөп турган чакта тажик президентинин Сауд Арабияга жасаган визити Дүйшөмбү менен Тегерандын ансыз да чыңалып турган мамилесин курчутуп жибериши мүмкүн. Рахмондун бул кадамын Иран сунниттик багыттагы Сауд Арабияны колдоо катары баалап, буга чейинки Дүйшөмбү менен болгон бир туугандык жылуу мамилесин үзүү коркунучу бар деп болжолдонууда.

Тегеран кантип Дүйшөмбүнү капалантты?

Тажикстанда тыюу салынган "Ислам кайра жаралуу" партиясынын башчысы Мухиддин Кабирини Тегеранга чакырууга байланыштуу Дүйшөмбү Иран бийлигине катуу таарынган. ​

Мухиддин Кабири менен Ирандын аятолласы Али Хаменеи
Мухиддин Кабири менен Ирандын аятолласы Али Хаменеи

Анан калса, Кабирини Ирандын руханий лидери Хаменеи кабыл алганы тажик бийлигин ачуулантып, Дүйшөмбүдөгү Иран элчисине нааразылык нотасы тапшырылган. Тажикстан расмийлери Кабири мамлекеттик төңкөрүш жасоого аракеттенгени үчүн эл аралык издөө жарыяланганын Иранга эскерткен. Бирок буга Тегеран жооп берген эмес.Андан соң, Дүйшөмбү Иран бийлигин "террористтер менен кызматташат" деп айыптаган. Мына ушундан кийин тажик президенти Эмомали Рахмон Иран менен чатакташып жаткан Сауд Арабиясына расмий сапар менен барды. Анын сапары Саудия падышачылыгы белгилүү шиит диниятчысы шейх Нимра баш болгон 47 адамды террорчулукка айыптап, өлүм жазасына тарткан учурга туш келди. Буга Иран нааразы болуп, Тегерандагы Саудиянын элчилиги өрттөлдү. Буга жооп иретинде Сауд Арабия, Бахрейн, Судан жана Кувейт мамлекеттери Иран менен алакасын үздү.

Жагдайдан пайдаланган тажик дипломатиясы

Мына ушул учурда Сауд Арабия королу менен Тажикстан президенти эки ортодогу достук жана кызматташтыкты кеңейтүү жаатында жабык эшик артында сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөнү кабарланды. Ошондой эле Эмомали Рахмон расмий иш сапарынын алкагында президент болгондон бери биринчи жолу Мекеге барып, Каабага кичи зыярат жасады.

Буга чейин Тажикстан Иран менен тыгыз байланышта болчу. Тилдик жана маданий окшоштуктар бул эки өлкөнүн мамилесин чыңдаган. Иран Тажикстандагы эң ири "Сангтуда-2" ГЭС курулушун каржылаган. Ага 180 миллион АКШ доллары жумшалган болчу.

Талдоочулардын баамында, жакында тажик оппозиционери Кабириге байланыштуу Дүйшөмбүнүн таарынычы Ирандын каршылашы Сауд Арабиясына жол ачты. Президент Рахмон Сауд Арабияга расмий сапар менен барып, анын Тегерандан башка дагы күчтүү өнөктөшү бар экенин көргөздү. Ирандын Йемен, Ливан жана Сирия сыяктуу Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүндө таасирин кеңейтип жатышынан чочулаган Сауд Арабия үчүн Борбор Азиядагы Тегеранга жакын Тажикстандын соңку кадамы көз жаздымда калган жок дешет эл аралык мамилелер жаатындагы адистер. Анын бир жыйынтыгы катары сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө Сауд Арабия Тажикстанга Ислам өнүктүрүү банкы аркылуу 108 миллион доллар өлчөмүндө жардам көрсөтө турганы макулдашылган. Тажикстанга өткөн он үч жылдан бери болгону 84 миллион долларлык инвестиция киргизгенин эске алганда бул Сауд Арабиянын өзгөчө жагдайдагы берешендигинен кабар берет дешет алар. Бирок бул маселе эми Дүйшөмбүнүн Тегеран менен мамилесине биротоло чекит коёт деген болжолдор да бар.

Эмомали Рахмон менен Ирандын мурдагы президенти Махмуд Ахменижад "Сангтуда-2нин" биринчи агрегатын иштетүү алдында
Эмомали Рахмон менен Ирандын мурдагы президенти Махмуд Ахменижад "Сангтуда-2нин" биринчи агрегатын иштетүү алдында

​Тажикстандык саясат талдоочу Рашид Гани Абдулло болсо бул жагдайды эл аралык мамиледеги кадимки көрүнүш катары баалады:

- Эгерде биз муну эки тараптуу каршылашуу катары кабыл алсак, анда биз тышкы саясаттагы мамилелер өнүгүп жаткан чакта түрдүү келишпестиктер менен карама-каршылыктардын чыгышын мыйзам ченемдүү көрүнүш катары белгилешибиз зарыл. Ал буга чейинки мамилени кайра карап чыгуу дегенге жатпайт. Бирок ал келишпестиктерди чечсе болот. Албетте, Сауд Арабиясы биздин жаңы досубуз боло алат. Бирок бул жагдай биздин эски достордон баш тартууга алып келет дегенди түшүндүрбөйт. Биз Тажикстандын эгемендигин урматтаган бардык тараптар менен мамиле түзүп, өзүбүздүн көп вектордуу тышкы саясатыбызды улантышыбыз керек.

Өткөн жылы декабрдын ортосунда Сауд Арабиясы терроризм менен күрөшүү үчүн исламий мамлекеттердин коалициясын түзгөн. Ага калкынын көбүн мусулман суннийлер түзгөн 34 өлкө кирген. Бирок Сауд Арабиянын аймактагы атаандашы, шииттик багыттагы Иран ал союзга кирүүгө чакырылган эмес. Анткен менен Ирандын Борбор Азиядагы негизги өнөгү болуп келген Тажикстан аталган коалицияга кириши мүмкүн экени маалымдалды. "Аш-Шарк аль-Аусат" эл аралык басылмасы Азербайжан менен Тажикстан ал коалицияга кирүү ниети бар экенин жазды. Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги Сауд Арабиянын бул сунушу каралып жатканын айтуу менен чектелип, так жооп берген эмес. 2011-жылы Сирия чатагы башталгандан бери Иран Асаддын режимин, Саудия болсо көтөрүлүшчүлөрдү ачык колдоп чыгышкан.

Астанада тарифтер асмандап баратат

Казакстандын ири шаарларында жаңы жылдан тарта электр энергиясына, жылуулукка жана ичүүчү сууга тарифтер көтөрүлдү.

Баш калаа Астана менен эски байтак шаар Алматыда коммуналдык тейлөөлөрдүн акысы көтөрүлүүдө. Кыргызстандан айырмаланып, бул кошуна өлкөдө ар бир аймак үчүн өзүнчө баа бычылган.

Жаңы жылга - жаңы тариф

Алматы шаарынын тургуну Казбек Османов өлкөдө коммуналдык кызмат көрсөтүү акылары жылдан-жылга өсүп турушу көнүмүшкө айланып калганын айтат:

- Жыл башында тарифтер өсөрүнө көнүп деле калдык. Азыр эми жаңы жылдык майрамдардын ша-салтанаты бүтө элек. Кандай кымбаттоо болгонун айдын этегинде төлөм квитанциялары келгенде көрөбүз да...

Казбек Османов «АлматыЭнергоСбыт» компаниясынын монополияны жөнгө салуу агенттигине жолдогон жакындагы кайрылуусу ушундай ойго түртүп жатканын да белгиледи:

- Тарифтер өсүшүнө теңгенин кунсузданышы да бир себеп болуп тургандай. Ушуга шылтоолоп коммуналдык кызматтардын баасы да өсчүдөй болуп турат. Ушундай жагдайды күтүп жатабыз азыр. Анын үстүнө "АлматыЭнергоСбыт" өткөн декабрда бул тууралуу сөз козгободу беле.

Бул кайрылуусунда аталган компания күйүүчү май менен доллар кымбатташына байланыштуу электр энергиясынын бир киловатт/саатынын наркын 17 теңгеге чейин көтөрүүгө уруксат сураган.

Ар кайсы аймакта - ар кандай баа

Кыргызстандан айырмаланып Казакстанда электр акысы үчүн тарифтер жалпы өлкө үчүн бирдей эмес. Ар кайсы аймак, облустар үчүн өз-өзүнчө тариф бекитилет. Маалыматтарга караганда, жакынкы беш жылда бир катар облустарда коммуналдык тейлөө баасы 10-15 процентке чейин өсүүсү күтүлүүдө. Маселен, Оролдо быйыл электр энергиясынын бир киловатт/сааты 4,69 теңге болсо, 2020-жылы 5,31 теңгеге чыгат.

Батыш Казакстан облусунун Монополияны жөнгө салуу департаментинин жетекчиси Валихан Разов тарифтер өсүп жатышын сатуу көлөмүнүн азайышы, жумушчулардын эмгек акысы көбөйүшү жана күйүүчү майга, жабдыктарга баа өсүп жатышы менен байланыштырат.

Аталган агенттиктен баш калаа Астанада 1-январдан тарта электр энергиясына, жылуулукка жана сууга тарифтер жогорулаганын кабарлады. Маселен, "Астана-РЭК" компаниясы быйыл электр энергиясынын бир киловатт/саатынын салыктарды кошпогондогу баасын 2,89 теңгеден 3 теңгеге чейин көтөрөрүн билдирүүдө. “Астана суу арнасы” ишканасы да быйыл ичүүчү суунун куб.метри үчүн бааны 72 жарым теңгеден 94 теңге 25 тыйынга чейин көтөрүү ниетинде. Ошондой эле шаарда жылуулук үчүн да баа жогорулоосу күтүлүүдө.

Бирок ошол эле кезде Казакстанда электр энергиясына, жылуулукка жана сууга баа арзандашын күтүп жаткан аймактар да бар. Маселен Монополияны жөгө салуу комитетинин төрагасы Серик Жумангарин узаган жылдын этегиндеги маалымат жыйынында 2016-жылы Атырау облусунда электр энергиясынын баасы 7, Актөбө облусунда 2 процентке чейин түшөрүн, дагы бир катар облустарда баа өзгөрүүсүз бойдон каларын айткан.

Бирок буга чейинки жылдарда өлкөнүн бир катар аймактарында баа 5-6 пайыздап өсүп отурган. Жогоруда айткандай, бул кошуна өлкөдө ар кайсы аймак үчүн баа ар кандай бычылган. Мындан сырткары электр энергиясына тариф күндүзгү жана түнкү деп да бөлүнөт. Жалпылап алганда, орто эсеп менен азыр Казакстанда бир киловатт/саат электр энергиясынын баасы 14 теңгенин тегерегинде. Бул азыркы курс менен эсептегенде 0,04 центке, же кыргыз сомуна айлатканда 3 сомдун айланасында болот.

Чучуктун чуусу жана "Бораттын" комедиясы

Киноактер Саша Барон Коэн "Борат" фильминин жүз ачарында. Германиянын Кельн шаары. 11-октябрь 2006

Майкл Макфиттин чучукка байланыштуу интернетте жазган сөзү Кыргызстанды бир дүрбөтүп алды. Бул окуя менен он жыл мурда Казакстанды чууга салган "Борат" кинокомедиясы ортосунда кандай байланыш бар?

Кумтөр ишканасынын кызматкери Майкл Макфит Фейсбуктагы баракчасынан кыргыздын улуттук сый тамактарынын бири - чучукту аттын жыныстык мүчөсүнө салыштырып жазган сөздөрүн алып салды. “Мен эч кимди кемсинтүүнү каалаган эмесмин жана ал үчүн өкүнүчүмдү билдирем”,- деп кечирим да сурады.

Бул окуя он жыл мурда “Ажайып Казакстан өлкөсүнүн атак-даңкы үчүн Бораттын Америкада жасаган пайдалуу маданий ачылыштары” деп аталган көркөм фильмге байланыштуу чууну эске салды. Анын башкы каарманы Борат, маселен, "биз, казактар, аттын заарасын ичкенди жакшы көрөбүз" деп мактанат.

Лари Чарльз тарткан кинокомедияны расмий чөйрөлөр "Казакстанды дүйнө элине шылдыңдап көрсөттү" дешип катуу нааразы болушкан. 2006-жылы чыккан америкалык-британиялык талаштуу кинокомедия жана Майкл Макфиттин жосуну тууралуу казак жазуучусу, кинодраматург, Казак Республикасынын эмгек сиңирген ишмери Смагул Элүүбай Алматыдан “Азаттык” радиосуна телефондон берген маегинде өз пикирин ортого салды.

- Менин оюмча, ар бир батыштык адамда жашыруун расизм бар. Чын-чынына келгенде, Батыш ааламы мисалы “казак” деген калкты билет деп ойлобойм. Билбеген себеби, алардын көбү казак киносун көргөн эмес, адабиятын окуган эмес, музыкасын уккан эмес, адабияты менен тарыхын окуган эмес. Алар тек гана Казакстанды экс-советтик бир республика деп билиши мүмкүн; алар өлкөнүн президенти Нурсултан Назарбаев, өлкө мунайга, газга, уранга өтө бай, территориясы ченемсиз чоң деп билишет. Ошондуктан, оозуна келгенди айта берүүсү ыктымал. Борат тууралуу фильм Казакстан жөнүндө билбегендерге “казак” деген эл бар экенин билдирди. Ал “кара” реклама болду, бирок ошонун өзү реклама. Мени таң калтырган бир нерсе, бул “Борат” фильминин Батышта, анын ичинде АКШда популярдуу болгону. Анын жүйөсүн мен түшүнбөйм.

Казак журналисти Борат Сагдиевдин Кошмо Штаттардагы саякатын азилдеп көрсөткөн комедияда чынында казактар эмес, дүйнөдөн бейкабар жашаган жана өз жерин ааламдын киндиги деп эсептеген америкалыктар шылдыңга алынат. Көркөм тасманы тартканга 18 миллион доллар сарпталган. Дүйнөлүк кинопрокат чыгашадан 15 эсе көп каражат чогулткан (262 миллион доллар). Башкы каарман Саша Барон Коэн комедия жанрында мыкты ролду актарды деп табылып, Голливуддагы чет элдик маалымат каражаттар ассоциациясы тарабынан “Алтын глобус” сыйлыгына татыган. Фильм АКШ киноакамедиясынын “Оскар" сыйлыгына көрсөтүлгөн.

Тасма, кантсе да, Казакстан деген өлкө бар экенин көпчүлүктүн эсине салган. Казак бийликтери өлкөсүн жакшы жагынан таанытыш үчүн дүйнөлүк алдыңкы телеканалдардагы рекламага далай акча сарптаганга ашыкты. Анысы кандай, Британиялык "Гардиан" басылмасы "чучуктун чуусу" Кыргызстанга бир топ реклама жасады деген пикирин жазды.

Ошентсе да, кинодраматург Смагул Элүүбай чыгармачылык өнөрдө бөтөн улутту шакабалап кемсинтүүнү колдобойт. Ал бирок өз улутунун кемчиликтерин шылдыңдап көрсөтүүнү туура көрөт.

- Деги эле жалпы бир элдин кинемaтографиясынын жана адабиятынын өзү билбеген башка элди күлкү кылып, шылдыңдоосу чоң маданиятка жатпайт. Анүчүн бир элдин кинорежиссерлорунун башка элди күлкү кылып жатса, ал элдин маданияты төмөн десе болот жана андай тасманы маданияты төмөн адамдар көрөт. Аны калк арасына от жагуу деп билем. Андайлар бир элди экинчи элге карата ачууланууну, ызаланууну, жийиркеничти туудурат.

Смагул Элүүбайдын оюнча, Майкл Макфитти чучукту аттын жынысына салыштырганы үчүн жоопко тартпоо керек. Ал элдин каада-салтын, үрп-адатын жана маданиятын түшүнбөгөндөн улам мындай жосунду жасаган болушу мүмкүн деп боолгойт калемгер.

- Майкл деген жаран жалган нерсени жазганы үчүн бүткүл кыргыз элинен кечирим суроосу зарыл деп ойлойм. Бирок аны соттоонун кажети жок. Ал муну элдин салтын түшүнбөгөндөн улам жасаган чыгар мүмкүн. Чучукту аттын жынысы деп атоонун өзү акылга сыйбаган нерсе. Анын не акылы төп эмес, не ага маалымат берген адамдар ал жазган сөздү тамаша түрүндө айткан болушу мүмкүн. Ал атайылап кыргыз калкын күлкү кылайын деп жогорудагыдай жосунсуз сөзүн айткан деп ойлобоймун. Бул түшүнбөстүк болгон. Ал лингвистикалык жактан ката кетирген деп ойлойм. Аны кечирип коюу керек.

Рахмондун ажылык сапары

Мургабчы: Oоган кыргыздарынын кейпин кийбесек экен

Тагайбек Турдукулов аксакал, Корумду жайлоосу, Мургаб.

Тагайбек Турдукулов Памирде большевиктер ыңкылабынан кийин туулган. Коммунизм доорун башынан өткөргөн аксакалдын уулу азыр топоз багып, турист тосуп, жаңы доорго күбө болуп жашап жаткан чагы. Мургабдын Ооганстан менен чектеш аймагындагы Корумду жайлоосунда аксакал менен Жаңыл Жусупжан баарлашты.

Жаңыл Жусупжан: Бул Корумду жайлоосунда сиздин үч боз үйүңүз тигилип турат, өзүңүз да боз үйдө туулгансызбы?

Тагайбек Турдукулов: Ооба, мына ушундай боз үйдө, мындан да жетесыраак (кыйыныраак) турмушта туулгам. Өз атамдын турмушу өтө начар болгондуктан, мен көрүнөөргө (төрөлөөргө) жакын апамды таятамдардын үйүнө алып барып коюп, ошол жерде жарыкка келгем, ошон үчүн атым Тагайбек (“тага”, “тай” – “энеси жактан” деген мааниде) деп коюлуп калган. Кыйынчылык заманда туулгам. Союз 70 жыл турду, ошондогу жыргалчылыкка баштан-аягына чейин күбө болдум, үзүрүн көрдүм, мээнетин тарттым. Бысмылла дегенде эле Булуң-Көлдө (Аличор айылына жакын жер) комсомол комитетинин секретары болуп иштегем.

Жаңыл Жусупжан: Активист болгон турбайсызбы?

Тагайбек Турдукулов: Активист болгом, ошондон жогорулап отуруп, селсебетке секретарлыкка бардым, партияга да өткөм, партиялык уюмдун секретарлыгында да иштедим. Андан кийин жыйырма жылдан ашык стажым совхоздо өттү. Бул жагын “Аличор экинчи бөлүм”, мындан 30 чакырым алыс жердеги Баш-Күмбөздү “Биринчи бөлүм” деп коет эле. Ошол эки бөлүмдө он беш жылдан ашыгыраак ферма башчысы болуп иштедим. Анан төрт жылдай профсоюздун төрагасы болдум, пенсияга чыктым. Анан союз тозуп (кыйрап) калды, "аренда ыкмасы” деп 1989-жылы 3500-4000гө жакын малды арендаторлорго мүмкүнчүлүгүнө жараша бөлүп бердим. Адегенде 150-200дөн кылып койду, декабрь айында котозду (топозду) бөлүп бергем. "Экинчи бөлүмдө" 1860 баш топоз бар эле, ошонун баарын бергем. Ар бирине 75тен топоз тийген. Өзүмдүн бир балам да арендатор, малдан калганыма эки жыл болду.

Маекти толук бул жерден угуңуз:

please wait

No media source currently available

0:00 0:06:34 0:00

Жаңыл Жусупжан: Сиздин сүйлөгөнүңүз тиги чек аранын нары жагында жашаган ооган кыргыздарыныкына окшош экен, Рахманкул хан сизге тууган эмеспи?

Тагайбек Турдукулов: Рахманкул хан тууган эмес, бирок ошол жакта чоң aта, чоң энемдер калган, эжемдин көзү өттү. Ал жакта жээндерим бар, бирок чек ара жабык, катнаш жок. Согуш мезгилинде баргандар болду эле, турмуштары абдан кыйын деп келишти.

Жаңыл Жусупжан: Уулуңуз азыр туристтер менен иштейт экен. Туризм жакшы нерсе бекен?

Тагайбек Турдукулов: Туризм деген Кудайдын берген ырыскысы экен, үйүнө бирөө келсе, ырыскы кошо келет деген кеп бар. Булар келет, ичсе бир пияла чайыңды ичет, ичпесе жок. Келет, тамаша кылып, атыңды, өгүзүңдү минип кетет, пулун берип жатат.

Мургап: Эже-инини зарланткан чек ара
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:54 0:00

Жаңыл Жусупжан: Кыргыздын мекени азыр Кыргызстан болуп калбадыбы, кантсе дагы көз карандысыз мамлекет. Ошол жакка баргансызбы? Көп кишилер ошол жакка кетишкен экен.

Тагайбек Турдукулов: Биринчи туулуп, өнүп-өскөн жериң кымбат. Ушул жерде туулуп, ушул жерде өсүп калыптырбыз. Кыйынчылык болду, Тажикстанда согуш чыкты, кеткендер кетти, азыр алардын турмушу бизден жакшы, жеңил. (Ошентсе да) башканы билбейм, жеке өзүм ушул жерден кетким келбейт. Кээде (Кыргызстанга кетсек) балдарга жеңил болобу, жакшыраак жашайбы деп ойлоп калам, бирок анын деле учуна жете албайм, кайтып эле туулуп-өскөн жериң... Тажикстан деле бизди сен кыргызсың деп жектеп, карабай койгон жери жок.

Жаңыл Жусупжан: Тажик бийлиги “бул жакка китептерди Кыргызстан жиберет, мугалимди Кыргызстан жиберет” деген ойдо экен. Кыргызстандан китептер келип турса, мугалимдерди стажировкадан өткөрүп жиберип турса, дарыгерлер келип турса, анда силер жакшы жашай берет белеңер?

Тагайбек Турдукулов: Жашай беребиз да, жашай беребиз! Союз тарагандан бери Кыргызстандын жардамы менен биз ушунча болуп жатабыз.

Жаңыл Жусупжан: Кандай жардам болуп жатат?

Тагайбек Турдукулов: Тиричилигибиздин 60% Ош менен байланыштуу. Адамдар барат, кем-карчысын алат, тыйын-тыпыр таап келет. Ушуга тыюу салган жери жок, ушундай болуп турса биздин турмушубуз жакшы боло берет. Эгер тыйып таштаса, анда биз дагы ооганстандык кыргыздарга окшоп калышыбыз ыктымал, ошондо бул жакка (тажик бийликтерине) көбүрөөк көз каранды болуп калышыбыз мүмкүн.

Жаңыл Жусупжан: Кыргызстанга кеткендер бул жакта калган ата-эне, туугандарын карабай кеткен жокпу?

Тагайбек Турдукулов: Атасы ал жакта, баласы бул жакта же, бир тууганы бул жакта, бир тууганы ал жакта калгандар бар. Алыс жүргөндө кайра тескерисинче тууганчылык бекем болот экен сагынышып... Атасын же туугандарын таштагандар жок.

Тагайбек аксакал жайлоодо неберелери менен.
Тагайбек аксакал жайлоодо неберелери менен.

Орусия өз долбоорлорунан баш тартууда

Казакстанда Орусия инвестициясына үмүт арткан бир нече долбоорлор арасат турат. Мунун себеби экономикадагы кыйынчылыктар менен Москвага каршы санкцияларга байланыштырылууда.

Казакстанда орус инвестициясынын эсебинен ишке ашчу бир канча долбоорлор токтоп калды. Алардын айрымдары Астана менен Москванын узак убакыт талкууларынан кийин өкмөт аралык топтордун сүйлөшүүлөрүнүн натыйжасында макулдашылып, келишимдер түзүлгөн эле.

Салынбай калган АЭС

Орус компаниялары Казакстандан кетип жатканы тууралуу кабар алгач быйыл августта тараган. Анда Орусиянын “Лукойл” компаниясы Caspian Investments Resources Ltd долбоорундагы элүү пайыздык үлүшүн Кытайдын Sinopec компаниясына бир миллиард доллардан ашуун акчага пулдап жибергени белгилүү болгон. Казакстандагы беш мунай кенине ээлик кылчу бул долбоордо азыр орус компаниясынын эч кандай үлүшү жок.

“Азаттыктын” казак кызматы алдын-ала макулдашылып, бирок кийин ага Орусия акча салуудан баш тарткан дагы бир канча долбоорду тизмектеп чыккан. Алардын эң чоңу - Казакстанда Атом электр станциясын куруу келишимне тараптар бир канча жыл сүйлөшүп, көптөгөн талаш-тартыштардан соң 2014-жылы гана жетишкен.

Казакстанда орус акчасын күткөн долбоорлор боюнча маселени иликтеген “Азаттыктын” Алматыдагы журналисти Асылхан Мамашулы АЭС курулбай каларын жакында Казакстандын энергетика министри айтып чыкканын белгилейт:

- Казакстанда атомдук электр станция куруу тууралуу тараптар бир канча жылдан бери сүйлөшүп келген. Арада ал Казакстанда үлкөн талашка жем таштап, салуу же салбоо маселеси көп талкууланды. Ага карабай тараптар былтыр АЭС салууну макулдашып, кол койгон. Бирок жакында Казакстандын энергетика министри Владимир Школьник өлкөдө кошумча электр энергиясына муктаждык жок экенин, АЭС курулбай турганын айтып чыкты. Кызыгы - көп узабай ошол эле министр Казакстанда электр энергиясы таңкыс болуп жатканын айтып отурат.

Орусия каржылачу дагы бир долбоор - Урал дарыясын сактап калуу боюнча фонд түзүү эле. Орусия мындай фонд түзүү ниетинен айныганын Атырау облусунун акими Бактыкожо Измухамбетов 8-декабрда билдирген. Бул фондду түзүү боюнча тараптар бир канча жыл мурда сүйлөшүп, бирок ал кийин токтоп калган эле. 2009-жылы Орусиянын ошо кездеги президенти Дмитрий Медведев жана башка окумуштуулар дарыя жылдан-жылга тартылып баратканын белгилешкен. 2011-жылы казак президенти Назарбаев Медведев менен жолугушкан учурда Уралдын суусу дагы тартылып кетүү коркунучу турганын айткан соң орус президенти атайын жумушчу топ түзүп, канча каражат кетерин эсептеп чыгууну буйруган.

Казакстандын айыл чарба министрлигинин суу ресурстары боюнча комитетинин төрагасы Ислам Абишевдин айтуусунда, Москва бул долбоорду колдоодон баш тартуусун Орусияда азыр Урал дарыясынын абалы боюнча эч ким коңгуроо кагып жатпаганы жана ага эч кандай коркунуч жоктугу менен байланыштырган.

Аз күн мурда Орусиянын “Новости” агенттиги Батыштын санкциялары Каспий деңизиндеги мунай кенине бургулоочу жабдыктарды орнотууга кедерги болгонун кабарлады. Жаңы ачылган бул ири мунай кенин Орусиянын “Газпром” жана “Лукойл” компаниялары түзгөн “ЦентрКаснефть” менен “Казмунайгаз” биргелешип иштетмекчи болушкан. Кендеги иш 2016-жылы башталышы керек эле.

Жууп-чайган саясат

Казак маалымат каражаттары 28-декабрда Орол шаарындагы аба майдандын учуу тилкесин куруп жаткан Орусиянын «СибСтройМонтаж» компаниясы жергиликтүү фирмаларга 40 миллион теңгеден ашуун карызын төлөбөй, Орусияга кетип калганын жазып чыкты. Аласасын өндүрө албаган төрт фирма Казакстандын Улуттук ишкерлер палатасына орус компаниясына чара көрүү өтүнүчү менен кайрылган. Учуу тилкесин кайра оңдоп-түзөө үчүн республикалык бюджеттен 6,3 миллиард теңге бөлүнгөн.

Бирок Москва Казакстанда мурда макулдашылган долбоорлорду каржылоо токтотулушун расмий билдире элек.

Алматылык журналист Асылган Мамашулы казак тарап Орусия бул долбоорлорду каржылоодон баш тартканын ачык айтпай, ар кандай шылтоолор менен жууп-чайып жатканы байкалып калууда дейт:

- Дипломатиялык кылдаттык сакталып жаткандай. Жогоруда сөз кылгандай, энергетика министри Казакстанда кошумча электр энергиясына зарылдык жок дегендей айтты. Орусия баш тартты, АЭС курганга акчасы жок, же келише албай калдык деген сөз болгон жок. Казак тарап бул маселеде жууп-чайып, маселени ачык айтпай жатканы байкалып турат.

Жыл аяктап баратканда Орусия Казакстандагы эле эмес Кыргызстандагы ири долбоорлорду каржылоодон да баш тартканы белгилүү болду. Казак бийликтеринен айырмаланып, президент Алмазбек Атамбаев жыл жыйынтыгын чыгарган маалымат жыйынында Орусия мурда келишилгендей Камбар-Ата-1 ири ГЭСи менен Жогорку Нарында курулчу орто жана чакан ГЭСтерди курууга шаасы жетпей калганын айтып чыкты. Алмазбек Атамбаев аны Орусиядагы экономикалык кризис менен байланыштырган.

Чынында Орусия азыр экономикалык каатчылыкты баштан кечирүүдө. Орус экономикасы Москва Крымды аннексиялап алышынан жана Украина чыгышындагы абалга кийлигишүүсүнөн улам АКШ менен Евробиримдик өлкөлөрү киргизген санкциялардан, муну менен катар дүйнөлүк базарда мунай баасы арзандап кетишинен жапа чегүүдө.

Тажикстан: "Татыктуу уулга" таберик

Эмомали Рахмон

Тажик президенти Эмомали Рахмон жума күнү "Тынчтык жана биримдикке негиз салуучу – Журт башы жөнүндөгү” мыйзамга кол коюп, өзүнө “Улут көсөмү” макамы ыйгарылышына макул болду.

Өлкөдөгү айрым саясий активисттер муну демократияны мазактоо катары баалап жатышат.

"Улут көсөмүнүн" уңгусу эмнеде?

Президент Рахмон кол койгон бул документте мамлекет башчы менен анын үй-бүлө мүчөлөрүн өмүр бою кол тийбестик менен камсыздоо, алардын коопсуздугун сактоо жана социалдык кепилдик берүү маселелери камтылган. Мыйзам 16 беренеден турат. Анын экинчи бөлүмүндө коомчулук тарабынан “Улут көсөмүн” сыйлоо эрежеси жазылган. Дагы эки берене эл башынын китепканасы менен музейин түптөөгө арналган.

Рахмонго "Улут көсөмү" наамын ыйгаруу демилгеси мындан сегиз ай мурда козголгон. Тажик мамлекеттик педагогикалык университетинин ректору Носиржон Салими менен окумуштуу Холмахмади Саме апрелде атайын кайрылуу менен чыгып, Эмомали Рахмон “Улут көсөмү” деп жарыялоого татыктуу иш жасап койгонун билдиришкен. Ошентип жыл айланбай “Улут көсөмү” тууралуу мыйзам долбоору даяр болду. Аны бир апта мурда, 18-декабрда тажик парламентинин жогорку палатасы жактырган. Ага чейин төмөнкү палата да колдоп берген эле.

Тажик парламентинин төмөнкү палатасынын төрагасы Шукуржон Зухуров анда Эмомали Рахмон тажик эли үчүн көп иш жасап, баатырлык кылганын айтуу менен, өткөн кылымдын 90-жылдарынын башында беш жылга созулган жарандык согушту токтотуп, өлкөдө тынчтык жана туруктуулук орнотуудагы президенттин ролун да эске салган. Бул мыйзамды "тарыхый" деп баалаган төрага Рахмонду "Улут көсөмү" деп жарыялоо демократиядан чегинүү эместигин баса белгилеген:

- Биз бул демилге үчүн оппозициянын же башка бирөөлөрдүн айткан сынынан коркпойбуз. Анткени Тажикстандын келечеги үчүн улуттун татыктуу уулуна сый-урмат көрсөтүү жалпы адамзаттык баалуулуктарга каршы келбейт. Татыктуу иш алып барган уулдарына "Улут көсөмү" деген наам ыйгаруу менен сый-урмат көргөзүү бизде эле эмес, башка өнүккөн өлкөлөрдүн тажрыйбасында да болгон. Ошондуктан аны демократияга каршы келет деген туура эмес.

Парламенттин төмөнкү палатасындагы мамлекеттик түзүлүш жана жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу боюнча комитетинин төрагасы Абдурахим Холикзода бул мыйзам элди биригүүгө жана Эмомали Рахмондун өлкө үчүн сиңирген эмгегин таанууга чакырарын айтат.

Рахмондун жактоочулары ал мындай сый-урматка жарандык согушту токтотуудан сырткары кыйраган экономиканы ордуна коюп, “Истиклол”, “Шахристон”, “Озоди” жана “Хатлон” тоннелдерин, Дүйшөмбү-Хожент, Куляб-Хорог-Көлмө жана Дүйшөмбү-Жерге-Тал жолдорун куруу менен да татыктуу болгонун белгилөөдө.

"Эл башыны эл бааласын"

Ошол эле учурда мындай мыйзам кабыл алынышын сындап чыккандар да болду. Маселен, белгилүү тажик укук коргоочусу, 2013-жылы президенттик шайлоодо ат салышмакчы болуп, бирок жарыштан четтеп калган Ойнихал Бобонозорова бул мыйзамды “демократияны мазактоо” деп баалады. Рахмондун башка сынчылары да “Тажикстан демократиядан дагы бир кадам чегинди” деген пикирлерин билдирүүдө.

Саясат таануучу Абдумалик Кодиров бул мыйзам Тажикстанда саясий жараяндардын өнүгүүсү үчүн кызмат кылбашын айтат:

- Албетте президент Рахмон кайсы бир деңгээлде эмгек сиңирди. Бирок бул мыйзам менен, же кандайдыр бир көрсөтмө менен таңууланганы туура эмес. Анын ишине эл баа берип, чын жүрөктөн таанылышы керек. Менимче, бул мыйзам өлкөдөгү саясий өнүгүүлөр үчүн пайда алып келбейт жана кызмат кылбайт.

63 жаштагы Эмомали Рахмон Тажикстанды 1992-жылдан бери башкарып келатат. Буга чейинки эки жолку конституциялык реформа ага президенттик шайлоого бир нече жолу катышканга жол ачып, Рахмондун ыйгарым укуктары 2020-жылга чейин узартылган. Эми 16 беренеден турган бул мыйзам ага “улут көсөмү” макамын ыйгарып, өмүр бою кол тийбестик укугун камсыздайт жана бардык коромжосу мамлекеттин бюджетинен каржыланышын шарттайт.

Борбор Азия өлкөлөрүндө президентине минтип "Улут көсөмү" же "Журт башы" наамын ыйгаруу биринчи жолу болуп жаткан жок. Маселен, Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев “Эл башы” деген ушул сыяктуу наамга беш жыл мурда ээ болгон. Бирок ал мындай мыйзамга Рахмондон айырмаланып, өзү кол койгон эмес. Ал казак парламентинин эки палатасынын төрагалары жана премьер-министр кол коюп, расмий гезитке жарыяланган соң күчүнө кирген.

Түркмөнстандын мурдагы президенти, маркум Сапармурад Ниязов да “Түркмөнбашы” наамын 2006-жылы көзү өткөнчө ээлеп турду. Анын ордуна келген Гурбангулы Бердимухаммедов да расмий түрдө "Аркадаг", же кыргызча которгондо "Коргоочу" деп аталат.

Үркүндү Кыргызстан менен Орусия чогуу иликтейт

Ысык-Көлдүн Ак-Шыйрак кыштагынын жанындагы көрүстөнгө 1916-жылы Улуу Үркүн маалында бул аймактагы ашууларда набыт болгондордун сөөктөрү арууланып кайра коюлган. 2-август, 2014-жыл

Бул жумада орусиялык жалпыга маалымдоо каражаттарында Борбор Азия темасы арбын чагылдырылды.

Үркүн апаатын илимпоздор чогуу иликтешет

Кыргызстан менен Орусиянын окумуштуулары 1916-жылы Орто Азияда болгон көтөрүлүш тууралуу атайын иликтөө жүргүзүшөт деп кабарлайт "Регнум" интернет-басылмасы. Орусиянын Кыргызстандагы элчиси Андрей Крутько 1916-жылкы окуялар жөнүндө ар кандай божомолдор көбөйгөнүн, аларды адилеттик менен иликтөөгө убакыт жеткенин айткан. Орто Азиядагы көтөрүлүштө бир гана кыргыздар эмес, орус, украин жана беларус калкы да курман болгон деп билдирген орус элчиси ак падышанын бийлигине каршы элдик көтөрүлүштү улуттук көтөрүлүш деп мүнөздөө тарыхый чындыкка жатпайт деген пикирин ортого салган. “Совет бийлиги кыргыз мамлекеттүүлүгүн түптөгөн. Башында автономдуу облус, кийин Орус Социалисттик Федеративдүү Совет Республикасынын курамындагы автономдуу республика болуп, андан кийин гана Кыргыз Советтик Социалисттик Республикасына айланган”, - дейт Орусиянын Кыргызстандагы элчиси Андрей Крутько.

Калк чөнтөгү кенен

Орусиялык “Независимая газета” басылмасы түркмөн бийлиги калкынын капчыгына кол сала баштаганын жазды. Расмий Ашхабад 2017-жылы Түркмөнстанда өтчү Азия оюндарынын чыгымдарын жабууга тыштан инвестчи таппай, бюджеттик мекемелердин кызматкерлерин мамлекеттик баалуу кагаздарды сатып алууга милдеттендирүүдө. Мамлекеттик облигациялар үчүн кызматкерлердин бир айлык маянасынан 12 пайызы бюджетке кетмекчи. Тиешелүү буйрук өлкөдөгү каржы-салык мекемелерине жана банк кызматтарына жөнөтүлгөн. Мамлекеттик кызматкерлердин айлыгынан чогулган 12 пайыз жыйымдар Азия оюндарынын чыгымдарын толук жаппаса да, түркмөндөр жапырт баалуу кагаздарды сатып алууга мажбур болору макалада баса белгиленет.

Казакстан канатын күүлөөдө

“Ведомости” басылмасы Казакстан орус аскерий учактары менен куралданып жатканын кабарлайт. Өткөн жумада расмий Астана Орусиядан жети СУ-30СМ согуш учагын 10 миллиард рублга сатып алаарын билдирген. Буга чейин казак тарап төрт согуш учагын жасатканы, жалпысынан СУ учактарынын санын 24кө жеткирүүнү көздөп жатканы макалада маалымдалган. Орусиянын “Рособоронэкспорт” ишканасы Мисир, Кытай жана Алжир менен түзүлгөн келишимдер боюнча быйыл 91 согуш учагын жасап бермекчи. Орустар чыгарган аскерий учактарга суроо-талап жогорулап баратканы басылмада баса белгиленет.

Кышкы эс алууда орусиялыктар кайда барат?

"Известия" гезити Орусияда мамлекеттик кызматкерлерге жаңы жылдык эс алууну Азия өлкөлөрүндө өткөрүү сунушталып жатканын маалымдайт. Орусиянын Коомдук палатасы саясий оор абалга байланыштуу мамлекеттик кызматкерлер чет өлкөлөргө жекече иштери боюнча баруусун жарым жылга тыюу керек деген ойго келген. Расмий кайрылуу өкмөт башчы Дмитрий Медведевге жөнөтүлгөн. Анда бир гана Борбор Азия өлкөлөрүнө, Кытай, Индия жана Пакистанга чектөө киргизбөө белгиленген. Өткөн жылы федералдык бийлик экономикалык кризиске байланыштырып, депутаттар менен мамлекеттик кызматкерлерге чет өлкөлөргө чыгууну бейрасмий чектегени, бирок жогорку бийликти укпаган аткаминерлер четтен чыкканы макалада маалымдалат.

Кайдан келдиңиз?

“Регнум” интернет-басылмасы Ташкендин аба майданында чет өлкөлөрдөн учуп келген жарандарды суракка алчу атайын кызмат тууралуу жазып чыкты. Ноябрдан бери иштеп жаткан атайын кызмат “Ислам мамлекети” экстремисттик тобуна тиешеси бар келгиндерди аныктоо үчүн түзүлгөн. Түркиядан келген жарандар өзгөчө кылдаттык менен текшерүүгө алынган. Өзбек бийлиги исламчылардан Өзбекстанда бир катар террордук бүлгүндөрдү жасашынан чочулашат. Мурунтан Фергана өрөөнүндө теракттарды уюштурууга “Ислам мамлекети” тобунун 70 миллион доллар каражаты бар деп айтылып келген.

Ташкен аба майданындагы “ИГИЛ көзөмөл”

Ташкендин жаңы аба майданы

Ташкен эл аралык аба майданында “Ислам мамлекети” террордук тобуна катышы барларды аныктоо боюнча атайын топ иштей баштады.

Бул “ИГИЛ көзөмөл” деген шарттуу аталыштагы топ Өзбекстанга чет өлкөдөн учуп келгендерди текшерүү үчүн бир нече саат бою аңгемелешип, аба майданда кармаган учурлар туурасында буга күбө болгон жүргүнчүлөр маалымдашууда.

Атайын кызматтын “өзгөчө тобу”

Атайын кызмат айрыкча Түркиядан учуп келгендерге көп көңүл буруп, аларды тобокелчилик тобуна киргендер катары кабыл алган учурлар байкалган.

Аба майданда чет өлкөдөн учуп келгендердин арасынан экстремизмге шектүүлөрдү аныктоо иш-чарасы бир ай мурун башталганы "Азаттыктын" өзбек кызматына белгилүү болгон. Муну менен алектенген атайын топ чек арачылар менен биргеликте өлкөгө учуп келген ар бир жүргүнчүгө сурак жүргүзөрү катталган. Жүргүнчүлөр арасында “ИГИЛ көзөмөл” деген ат менен белгилүү бул топ айрыкча Түркиядан учуп келгендерди кылдат текшерип жатканы айтылды.

Германиядан Стамбул аркылуу Дүйшөмбү күнү Ташкенге учуп келген 28 жаштагы аял “Азаттыктын” өзбек кызматына бул текшерүүлөр ансыз да ашыкча дүрбөлөңдү күчөтүп жатканын мындайча айтып берди:

- Чек ара көзөмөлүнөн өтүүдө көпкө кезек күтүүгө туура келди. Мен паспорт көзөмөлүнө эми жеткенде чек арачы документимди алып кетти. Анан 15 мүнөттөн кийин башка бир адам менен кошо келип, экөөлөп мени суракка ала башташты. “Европада эмне жумуш кыласың, канча акча иштеп таптың” деген сыяктуу суроолорду беришти. Мен аларга Түркияда эч качан жашабаганымды айттым. Мен Түркия аркылуу гана учуп келгенимди ырастаган жагдай менин абалымды бир топ жеңилдетип, башкаларга караганда азыраак убактымды алышты. Түркиядан түз учуп келгендердин паспортторун алып коюп, аларды көпкө чейин кармап, ар кандай суроолорду берип эзип жатышыптыр. “ИГИЛ көзөмөл” деген мына ошондой экен.

"Ислам мамлекетинин" коркунучу тууралуу аба майданда илинген эскертүү
"Ислам мамлекетинин" коркунучу тууралуу аба майданда илинген эскертүү

Ташкен аба майданындагы мындай текшерүүлөрдүн айынан жүргүнчүлөр сыртка чыгуу үчүн бир нече саат бою кезек күтүүгө туура келип жатканы белгилүү болду. Аба майдандын ичиндеги жүргүнчүлөрдүн чубалган тыгыны жана андагы кезек талаш кадимки көрүнүшкө айланганы айтылды. Айрыкча Түркиядан учуп келгендер бир-бирден чакыртылып, өзүнчө бөлмөлөрдө узак убакытка сурак берип чыгышканын жүргүнчүлөр “Азаттыктын” өзбек кызматына ырасташкан.

Террорчулукка текшерүүнүн коммерциялык жагы

Мындай тыгында, узак убакытка кезекке турууну каалабагандар акча төлөп, башка бир коммерциялык зал аркылуу сыртка чыга алышат. Германияда окуган Акмал аттуу жигит бул жагдай туурасында мына буларга токтолду:

- Мен бул жакка Германиядан учардын алдында тааныштарым “Түркия аркылуу учсаң катуу текшерип, суракка алып жатыптыр” дешкен эле. Ошондуктан мага окуган окуу жайымдан маалымат кат алуу кеңешин беришкен. Ар кандай суроо-сопкут болбош үчүн туугандарымдан мени аэропорттун коммерциялык залынан күтүп алуусун сурангам. Ал зал аркылуу өтүү 180 доллар турат экен. Ал жакта тыгын, тополоң-тоз жана кезек күтмөй жок болгону менен баары бир катуу сурак болду. “Германияга эмнеге бардың, эмнеге Стамбул аркылуу учтуң” деп бир топ аркы-беркини сүрүштүрүштү.

Буга окшогон коопсуздук чараларынын күчөтүлүшү калк арасында “Ислам мамлекети” террордук тобунун коркунучу тууралуу ар кандай имиштердин жайылышына түрткү бергени айтылууда. Ошол эле кезде Өзбекстандын коопсуздук кызматы жарандарды андай ушактарга ишенбөөгө жана чагымга алдырбоого чакырууда.

Жуманын башында Ички иштер министрлигинин терроризмге каршы күрөш башкармалыгынын башчысы Уктам Муродов коомчулукка дүрбөлөң салган ар кандай ушак тараткандарга токтоосуз түрдө чара көрүлө турганын жергиликтүү маалымат агенттиктери аркылуу эскерткен. Ошол эле кезде ал чет өлкөдөн учуп келген жарандардын үстүнөн көзөмөл күчөтүлгөнүн ырастаган.

Өзбекстан: карайлаган калк көчөгө чыкты

Өзбекстан -- Газсыз жана жарыксыз калып, көчөдө турган маргаландыктардын бир тобу.

Өзбекстандын Маргалаң шаарында кыш ызгаарында газсыз калган тургундар төрт күндөн бери көчөгө чыгууда. Өлкөнүн башка аймактарында да электр энергиясы менен газ тартыштыгына нааразылыктар күчөп баратат.

Кыргызстанга чектеш Фергана облусундагы Маргалаң шаарынын бир ыптасында газсыз жана электр жарыгысыз калган эл төрт күндөн бери нааразылык акциясына чыгууда. Мунун алдында облус борбору – Фергана шаарынын Киргули районунда да газсыз, жарыксыз жана ичүүчү суусуз калган эл нааразылык билдирүү менен маселесин чечип алышкан эле. Буга шыктанган Маргалаңдын Саховат конушунун тургундары да көчөгө чыгып, а түгүл шаардан өтчү бир жолду аз убакыт бууп койгонго чейин барды.

Мындай жагдай облус башчысы Шухрат Ганиевди прокуратура, газ ишканасы жана башка тиешелүү мекеме жетекчилерин алдына салып алып, нааразы элдин астына келүүгө аргасыз кылды. Бирок ага карабай маселе чечилген жок.

Электр жок жол чырактар да күйбөй калды, Маргалан шаары.
Электр жок жол чырактар да күйбөй калды, Маргалан шаары.

Саховат маалесинин бир тургуну “Азаттыктын” өзбек кызматына облус башчысы өзү келип кеткенине карабай 22-декабрда деле эч кандай өзгөрүү байкалбаганын айтты:

- Суу болсо газ жок, газ болсо электр жок. Аябай кыйын болуп атат. Кечээ газ беришти эле, бүгүн газ да, жарык да, суу да жок. Районубуз негизинен көп кабат үйлөрдөн турат. Бир да үйгө суу чыкпай жатат. Облус акими өзү келип, көчөгө чыкпаңыздар деп суранды. Бирок үйдүн ичи муздак, көчөдөн айырмасы жок. Ошон үчүн адамдар көчөгө чыгууда. Күндүз баары жумушта болуп, көчөдө тургандар азыраак. Кечинде эл жумуштан келгенде баары көчөгө чыгып алышы мүмкүн. Кыскасы турмуш кыйын.

Азыркы абалга нааразы маргалаңдык дагы бир тургундун айтымында, бийликтегилер газ тартыштыгын облус үчүн бөлүнгөн лимит менен байланыштырганы менен шаар четиндеги акиташ чыгарган чоң ишканага газды үзгөн эмес:

- Табигый газ жогортон берилбей жатат деп шылтоолошууда. Бирок жаныбызда эле акиташ заводу иштеп жатат. Шаарга кире бериште жеке ишкерлерге таандык акиташ чыгарган чоң ишкана бар. Кыш ызгаарында элге бербеген газды ошол ишканага берип жатканы туура болбосо керек.

Өзбекстанда нааразылык акциялары Анжиян шаарындагы 2005-жылкы кандуу окуялардан кийин өтө сейрек көрүнүшкө айланган. Бирок газ жана электр таңсыктыгы акыркы жылдарда элди минтип көчөгө чыгарып, нааразылык билдиргендер көбөйүүдө.

Маселен өткөн аптада эле Фергана шаарынын Киргули районунда газ тартыштыгына нааразы болгон тургундар көчөгө чыккан. Быйыл жыл башында Навойи облусундагы Хатирчи районунда электр энергиясы өчүрүлгөнүнө нааразы болгон элүү чакты аял Хатирчи-Заравшан жолун тосуп койгон. Алар качан гана район акими жарык өчүрүлбөсүн убада кылганда тараган.

Караңгыда калган Маргаландын бир көчөсү.
Караңгыда калган Маргаландын бир көчөсү.

“Азаттыктын” өзбек кызматына соңку күндөрү газ менен электр энергиясы тартыштыгына нааразы болгон билдирүүлөр Өзбекстандын бардык аймактарынан түшүүдө. Бул каттардан абал күндөн күнгө оорлошуп баратканын байкоого болот.

Маселен мурдараак көпчүлүк аймактарда электр энергиясы күнүнө 3-4 сааттан гана берилгени айтылып жатса, азыр суткасына 2-3 саат гана берилип калганы, кээ бир райондордо газ да, электр энергиясы да бир канча күндөп жок болуп жатканы кабарлануууда. Ташкен облусунун Бустанлик районунан келген бир катта: “Озодбош айылында электр эртелеп саат 8де өчөт, кечинде 12де бир күйсө күйөт, болбосо эртеси күнү 12де берилет. Газды сөз кылбай деле койсок болот”, - деп жазылат.

Өзбекстан жылына 60 миллиард куб метрге чейин газ өндүрөрүн айтып келет. Бирок буга карабай өлкө калкы бир канча жылдардан бери газ тартыштыгынан азап чегүүдө. Эл электр энергиясынан кыйналып жаткан азыркы жагдайга карабастан өзбек өкмөтү кийинки жылдан тарта Ооганстанга сатылчу электр энергиясынын көлөмүн көбөйтөрүн жарыялады. А көпчүлүк айылдарда калк суткасына 20-22 сааттап электр жарыгысыз карайлап отурат.

“Талибандын” чабуулдары күч алды

Кабулдагы ооган коопсуздук күчтөрү

Кабулда өкмөт үйүнүн алдында, президент сарайынын жанында жана эл аралык аскер базасынын айланасында бир нече курдай жардыруу болду.

Бул жардыруулардын кесепетинен болгон адам курмандыктары тууралуу маалымат чыга элек. Ага чейин Ооганстандагы НАТОнун Баграм авиабазасынын жанында мотоциклчен жанкечти биргелешкен кайгуул тобуна кол салып, бир нече америкалык аскер кызматкери набыт кетти. Пентагон соңку мезгилде Ооганстанда “Талибан” кыймылы кайрадан баш көтөрүп, коопсуздукка коркунуч келтире баштаганын жарыялаган болчу.

НАТО беш аскеринен ажырады

Ооганстандын байтактысы Кабулдун ар кайсы аймагында бир эле учурда бир нече ракета түшүп, жарылды. Бул тууралуу ооганстандык Khaama Press агенттиги маалымат таратты. Алдын ала маалымат боюнча бир нече реактивдүү снаряд өкмөт үйүнүн алдында, президенттик ак сарайдын жанында жана чет өлкөлүк аскер базасынын айланасында жардырылган. Бул сериялык жардыруулардын кесепеттери жана адам курмандыктары тууралуу расмий маалымат жарыялана элек. Кабулдагы бул терактка чейин террорист-жанкечти НАТОнун Баграмдагы кайгуул-күзөт тобуна кол салганы белгилүү болгон. Баграм провинциясынын губернатору Абдулл Шүкүр Кодоси ал окуянын жагдайы туурасында мындай дейт:

- Күтүүсүздөн эле күндүзү чак түштө мотоцикл минген жанкечти эл аралык коалициялык күчтөрдүн өткөрмө бекети жайгашкан жерге кирип келип, өзүн-өзү жардырган. Окуя чалгындай тез болгондуктан андагылар коргонуп калганга да үлгүрүшкөн эмес. Бул жардыруудан улам беш чет элдик аскер набыт кетип, үчөө жарадар болду. Эки ооган аскери жараат алды.

Бул өткөрмө бекети Баграмдагы коалициялык күчтөрдүн авиабазасынын жанында жайгашкан болчу. Бул кол салуу үчүн жоопкерчиликти “Талибан” кыймылы өзүнө алды. Каза тапкан аскерлердин бардыгы тең америкалык экенин НАТОнун Ооганстандагы колбашчылыгы ырастады. АКШнын президенти Барак Обама жана Пентагон каза болгон аскерлердин үй-бүлөсүнө терең кайгыруу менен көңүл айтты.

Коопсуздук коркунучтабы?

Бул террордук кол салуулар жана жардыруулар Ооганстандын Гильменд провинциясынын Сангин районун талиптер басып алган учурга туура келди. Мындан улам Британия эл аралык коалициялык күчтөрдү колдоо иретинде анча чоң эмес аскер контингентин Ооганстанга кайра жөнөттү. Былтыр Британия Ооганстандагы аскер операциясын токтоткон болчу.

Соңку мезгилде өкмөттүк күчтөр менен талиптердин ортосунда каршылашуу курчуп кеткен эле. Буга байланыштуу АКШ президенти Барак Обама октябрь айында өзүнүн бийлик мөөнөтү аяктаганга чейин Ооганстандан аскерлерди толук алып чыгып кетүү планынан кайра баш тарткан. АКШнын коргоо министри Эш Картер Ооганстанда аскерлер күндө террордук коркунучтарга туш болуп жатканын белгиледи.

БУУнун коопсуздук кеңеши “Талибан” кыймылын коркунучтун очогу катары атап, ага каршы санкцияларды бекитти. БУУнун Ооганстандагы чабарманы Николай Хейсома өлкөдөгү соңку жагдай өтө татаалдашып кеткенине кабатырлануусун билдирген.

Азери бийлигине каршы санкция сунушталды

Азери полициясы Бакуда нааразылык акциясына чыккандарды кармоодо. 26-январь, 2013-жылы тартылган сүрөт.

АКШда азери бийлигине каршы санкция киргизүү сунуш кылынды. Конгрессте даярдалган мыйзам долбоордо адам укуктарына байланышкан кырдаал абдан начарлаганы үчүн азери бийлик өкүлдөрүнө виза бербөө маселеси каралган. Бул аралыкта Европа кеңеши Азербайжандын Адам укуктары боюнча Европа конвенциясына шайкеш келер-келбесин өз алдынча иликтөөгө киришти.

Аяктаган аптада бир жылдан бери камакта отурган таанымал журналист Хадижа Исмаилова жана башка азери калемгерлердин иши боюнча АКШ Конгрессинде атайын угуу өткөрүлдү.

Конгресстин адам укуктары боюнча эл аралык нормалардын сакталышына байкоо салган органы – Хельсинки комиссиясынын төрагасы Кристофер Смит азер бийликтерине каршы санкция киргизүүнү караган мыйзам долбоорду даярдоо менен сунуш кылып жатканын мына ушул угууда жарыялады:

- Мен мыйзам долбоорун биздин өнөктөшүбүз адам укуктарын бузууга жана катаалдыкка абдан ыктап алганынан, мамилебиздин баркы жана ишеними кетип баратканынан улам киргизем. Ачык айтканда, достор досторго адам укуктарын бузуусуна жол бербейт. Эгер биз өзүбүздү дос деп санасак, биринчилерден болуп муну токтотууга жана басаңдатууга аракеттенишибиз абзел.

Конгрессмен Кристофер Смит кошумчалагандай, Азербайжанда адам укуктары боюнча кырдаалдын “олуттуу начарлашы” расмий Бакунун АКШ жана башка өлкөлөр менен эле мамилесин бузбастан, “мыкты жана жаркын жарандардын түрмөгө салынышы же сүргүнгө мажбурланышы” азери коомунун өзүнө да зыян келтирүүдө.

Андыктан, расмий Бакуга “ачык белги бере турган учур келди”, - деди конгрессмен Смит угууда.

Азербайжан: Хадижага боштондук
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:38 0:00

Конгрессмендин айтымында, ал даярдаган мыйзам долбоор Азербайжан өкмөтүнүн жогорку даражалуу кызмат адамдарына жана алардын тикелей үй-бүлө мүчөлөрүнө, журналисттерди, активисттерди, укук коргоочуларды куугунтуктоого катышы бар расмий өкүлдөргө АКШнын визасын бербөөнү карайт.

Президент Илхам Алиевдин өкмөтү, албетте, өз тарабынан өлкөдө эч кандай саясий айыпкер жок деп ырастап келатат. Бирок Норвегия Хельсинки комитети деген бейөкмөт уюм быйыл майда жарыялаган тизмеге караганда, андайлардын саны Азербайжанда 80дин тегерегинде.

Баш кеңсеси Нью-Йоркто жайгашкан “Чек арасыз кабарчылар” уюмунун эсебинде, саясий айыпкерлердин кеминде 12си мыйзамсыз камакка алынган калемгерлер.

Хадижа Исмаилова Бакудагы сотто. 15-октябрь, 2015-жыл.
Хадижа Исмаилова Бакудагы сотто. 15-октябрь, 2015-жыл.

Алардын арасынан “Эркин Европа/Азаттык” радиосу менен кызматташкан иликтөөчү журналист, жети жарым жылга түрмөгө кесилген Хадижа Исмаилова абакта отурганына декабрдын башында туура бир жыл толду.

Журналист камакка алынар алдында Азербайжандын жогорку бийлик эшалондорундагы коррупция, президент Илхам Алиевдин үй-бүлө мүчөлөрүнүн өлкө экономикасынын маанилүү секторлорундагы жана чет өлкөдө кыймылсыз мүлккө салган капиталы боюнча прессада бир нече макалаларды жарыялаган эле.

АКШ Конгрессиндеги угууда адам укугун коргоочу жана медиа активисттер азери бийликтери жарандык коомду басууну тынымсыз улантып жатканына көңүл бурушту:

- Азербайжан дүйнөнүн өзү жайгашкан бөлүгүндө сынчылардын оозун басуунун эң эффективдүү жана эң катаал ыкмасын көргөзүүдө. Ал жерде тынчтыкты гана көздөгөн, жакшы тилектеги оппозиция болсо да келишишпейт. Алар бул адамдарды ооздуктоо үчүн мүмкүн болгон ыкмалардын баарын колдонууда, - деди “Эл аралык мунапыс” уюмунун өкүлү Ти Кумар Конгресстеги угууда.

АКШ Конгрессиндеги угууга тушташ Европа кеңеши Азербайжан Адам укуктары боюнча Европа конвенциясын канчалык сактап жатканы боюнча расмий текшерүү баштады.

Уюмдун башкы катчысы Турбьерн Ягланддын айтымында, иликтөө Адам укуктары боюнча Европа сотунун чечимине ылайык жүргүзүлөт.

Анткени соттун чечиминде Азербайжанда мыйзам тандалма жол менен өзгөчө сынчыл добушту жана сөз эркиндигин басуу үчүн колдонулуп жатканы белгиленген.

Иликтөө жүргүзүү жана азери бийликтеринен түшүндүрмө алуу үчүн Бакуга эми Европа кеңешинин атайын делегациясы бармакчы. Азербайжан бул уюмга 2001-жылы мүчө болгон.

Лола Каримованын кымбат үй-мүлкү ачыкка чыкты

Өзбекстандын ЮНЕСКОдогу өкүлү Лола Каримова-Тилляева күйөөсү Тимур Тилляев менен, Париж, 8-апрель, 2009

Өзбек президентинин кичүү кызы Лола Каримова-Тилляева АКШда миллондогон доллар турган бир нече үй жай сатып алганын The New York Times гезити жазып чыкты.

“Нью Йорк Таймс” гезити 15-декабрда Лос-Анжелестеги Бел-Эйр районунда өзбек президентинин экинчи кызы Лола Каримова өтө кымбат төрт үй сатып алганын жазып чыкты. Кабарларга караганда, палестиналык ишкер Мохаммед Хадиддин жардамы менен Лола Каримова күйөөсү Тимур Тилляев менен 2013-жылдын жайында 58 миллион долларга бааланган ак сарайга ээ болушкан. Мындан тышкары ушул эле шаарда миллиондогон акча турган дагы үч вилла аларга таандык экени божомолдогон.

Лос-Анжелестин Бел-Эйр районундагы Каримова-Тилляевага таандык делген $58 миллион долларга бааланган үй
Лос-Анжелестин Бел-Эйр районундагы Каримова-Тилляевага таандык делген $58 миллион долларга бааланган үй

Ошол эле маалда басылма Каримовдордун үй-бүлөсүнө карата бир нече мамлекетте коррупциялык иштер боюнча иликтөө жүрүп жатканын эске салган. Бул кабар батыш жана америкалык басма сөздө кызуу талкууга түрткү берди.

“Азаттыктын” журналисттери “Нью Йорк Таймс” гезитиндеги макалага карата пикирин билүү үчүн Лола Каримованын жактоочусуна кайрылганда, ал басылманы сынга алып, өзбек президентинин кичүү кызынын үй-бүлөсү жемкорлук боюнча айыпталып жатканын четке какты.

Адвокаттар Каримованын тапкан кирешеси мыйзамдуу деп ишендирүүдө.

Өзбек президенти Ислам Каримовдун үй-бүлөсүндөгү пикир келишпестик 2013-жылы сентябрда ачыкка чыккан. Үй камагында кармалып турганы айтылганы менен, азыр кайда экенин эч ким билбеген тун кызы Гүлнара Каримова өзүнө каршы аракеттердин артында өз энеси Татьяна жана сиңдиси Лола турганын айтканы бар.

Лола Каримова болсо эжеси менен 12 жылдан бери катышпай калганын айтып чыккан. Гүлнара сиңдисинин каржы боюнча иштерин да сынга алган. Каримовдун эки кызынын тең байлыгы эл ичинде көп талкууланган маселе.

Казакстандын тарыхындагы кара тактар

Алматы, 16-декабрь, 2015-жыл

Казакстандын соңку тарыхында кара так менен белгиленип калган Жаңы-Өзөн окуясы туура төрт жыл мурда өлкөнүн эгемендик күнү болгон эле.

16-декабрь - Казакстандын эгемендик күнү. Төбөлсүздүктүн 24 жылдыгы өлкөдө чоң шаң-салтанат менен белгиленбесе да, бул күнгө арналган расмий жыйындар, майрамдык оюн-зооктор менен коштолду. Жарандык активисттер болсо 1986-жылдагы Желтоксон жана 2011-жылдагы Жаңы-Өзөн окуяларын, анда курман болгондорду эскеришти.

Казакстандын мурдагы борбору Алматы шаарында төбөлсүздүк күнүндө шаар бийлиги борбордук аянттагы Көз карандысыздык монументине гүлчамбарларды коюп, салтанаттуу жүрүш өттү. Расмий иш-чаралардан кийин коомдук активисттер да ушул эле эстеликке гүл коюу менен 1986 жана 2011-жылдын ушул күндөрүндөгү кандуу окуяларды эске салды.

Ак матага кызыл боек менен “Желтоксон - Жаңы-Өзөн” деп жазып, моюндарына илип алган бир топ активист өткөн кылымдын сексенинчи жылдарынын этегиндеги таанымал советтик рок-ырчы Виктор Цойдун "Өзгөрүү күтөбүз" деген ырын гитаранын коштоосунда ырдап турушту. Алар ага улай эле “Менин Казакстаным” деген ырды ырдашты.

Алматы: Эгемендик күнү жана эскерүү
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:54 0:00

Коомдук активисттердин бири Асхат Берсалиев бул күндү кайгылуу күн катары карарын айтат. “1986-жылдын 16-декабрынан баштап ошол кездеги бийликке нааразы болгондор ушул аянтка чогула баштаган. Бийлик аларды уруп-согуп, күч менен тараткан, кан төгүлгөн. 2011-жылы да ушул күнү Жаңы-Өзөндө канча адам окко учту. Андыктан аларга куран багыштап, гүл коюп эске алган жөн”, - дейт Асхат Берсалиев.

Бул күнү баш калаа Астанада да бир канча активист “Ата Мекен” этномемориалдык комплексине гүл коюп, Алматыга 1986-жылкы окуя менен 2011-жылдагы Жаңы-Өзөн окуясындагы курмандыктарды эскерди.

Астаналык активисттердин бири Аслан Курманбаев буларды айтат:

- Мен бул күндү 1986 жана 2011-жылдагы окуяларда курман болгондорду эскерүү, аза күтүү күнү деп эсептейм. Биз ошол адамдардын жаркын элесине таазим кылуу үчүн келип отурабыз.

Астана: Эгемендик күнүндөгү эскерүү
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:18 0:00

2011-жылдын 16-декабрында Казакстандын батышындагы Жаңы-Өзөн шаарында мунайчылардын узакка созулган иш таштоосу кагылыш менен аяктап, коопсуздук күчтөрүнүн огунан 16 адам өлүп, жүздөн ашуун киши жаракат алган эле. Айрым саясатчылар Жаңы-Өзөндөгү бул кан төгүүнү Казакстандын көз карандысыздык тарыхындагы башкы окуя - "экинчи Желтоксон" деп баалаган.

Ал эми мындан 29 жыл мурда, 1986-жылдын 17-19 декабрь күндөрү Алматынын борбордук аянтына миңдеген казак жаштары чогулуп, ошол кездеги өлкө башчысы, же тактап айтканда Казакстан Коммунисттик партиясынын борбордук комитетинин 1-катчысы Динмухаммед Кунаевдин ордуна Геннадий Колбиндин дайындалышына каршылык билдирип чыккан. Кремл саясатына каршы бул акция күч менен таратылып, ал кийин куугунтуктоолор жана басым-кысымдар менен коштолгон. “Желтоксон козголоңу” деп аталып калган бул окуядан соң жүздөгөн адамдар соттолуп кеткен. Анын запкысынан кийин бир канча адам мерт болгон.

Тарыхчылар азырга чейин “Желтоксон” окуясында канча адам өлтүрүлгөнү так белгисиз экенин айтып келишет.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG