Линктер

ишемби, 20-июль, 2019 Бишкек убактысы 19:54

Борбор Азия

Кастронун мурасы, Борбор Азиянын улут көсөмдөрү

Кастронун мурасы, Борбор Азиянын улут көсөмдөрү
please wait

No media source currently available

0:00 0:31:15 0:00

Каримованын уулу апасы үчүн бушайман

Гүлнара Каримованын уулу Ислам Каримов Би-Би-Синин өзбек кызматына маек курду.

Мурдагы өзбек президентинин небереси Өзбекстандын атайын кызматтарын айыптап, алар үй камагында отурган апасы Гүлнара Каримованын көзүн тазалагысы келет деп билдирди.

Британияда жашаган кенже Ислам Каримов Би-би-синин өзбек кызматына курган маегинде өмүрүнө келген коркунучка байланыштуу Өзбекстанга бара албасын белгиледи.

Таятасынын ысымын алып жүргөн 23 жаштагы Ислам Каримов Би-би-синин өзбек кызматы менен маегинде апасы дале болсо үй камагында экенин ырастады. Анын айтуусунда, президент Каримовдун өлүмүнөн кийин Гүлнарага кысым күчөгөн:

- Алар апамды жок кылгылары келет. Муну жүз пайыз билем. Аны кандай жол менен ишке ашырарын айта албайм. Апамдын эркин болушун каалашпайт. Анткени кийин көп суроолорго жооп берүүгө туура келет. Таятам тирүү кезде апама зыян келтире алышкан эмес. Бирок азыр андай эмес. Биз тыкыр карап турабыз. Антпегенибизде алар эбак эле пландарын ишке ашырмак.

Гүлнара Каримова, 2010-жыл.
Гүлнара Каримова, 2010-жыл.

Мурдагы президенттин тун кызы Гүлнара Каримова 2014-жылы үй камагына алынып, андан бери дайыны чыкпай калган. Буга Каримова менен чет өлкөлүк телекоммуникация компанияларынын ортосундагы коррупциялык жаңжал себеп болгону айтылган. Кенже Ислам Каримов апасына расмий айып тагылбаганын айтып, иштин артында Өзбекстандын коопсуздук кызматы турат дейт:

- Апам өзүнүн үйүндө бейкапар жашап жатат деген жаңылыш ойлор бар. Башында үйүн бекитип, апамды бир бөлмөгө жайгаштырышкан. Үйгө кошуп курулган эки-үч бөлмө бар эле. Апам ошол жерде кармалып турат. Бир жолу ага акчасын төлөбөсөң тамак бербейбиз дешкен. Апам үйдү ачып бергиле, акча алып чыгайын десе, уруксат беришкен эмес. Түшүнүксүз бир басым жасалып жатат. Муну жеке келишпестик деп мүнөздөйм. Аны көрөм же ага жакындашам деген адамды дароо коопсуздук кызматына алып кетишет.

Ислам Каримовду акыркы сапарга узатуу зыйнатына Гүлнара Каримованын келбегени да түкшүмөл суроолорду жараткан. Кенже Ислам таятасына топурак салууга баргысы келген. Бирок апасы менен карындашына кошуп көзүмдү тазалап коюшпайбы деп кооптонгон.

Каримов үй-бүлөсү
Каримов үй-бүлөсү

Өзбек президентинин небереси апасынын интернетке чыгуу мүмкүнчүлүгү жок экенин белгилеп, маалыматты карындашынан жана Гүлнарага жан тарткан адамдардан аларын айтты. Ал карындашы Иман менен акыркы жолу ноябрдын ортосунда кабарлашкан. Бирок апасы менен түздөн-түз байланышпаганына көп убакыт болгон. Кенже Каримов карындашы Иман апасы менен айына бир жолу жолугушуп турарын билдирди:

- Карындашым азыр “Түркстан” отелинде жашап жатат. Февраль айында аны апамдын жанына алып, отелге жайгаштырышкан. Ал эркин жүрө алат. Бирок отелге гана түнөшү керек. Аны өлкөдөн чыгарууну каалашат. Бирок ал апамсыз эч жакка кеткиси келбейт. Эгер ал кетип калса, апам менен эч ким байланыша албай калат. Менде да түз байланыш жок. Эгер апама бир нерсе болсо, аны билген жалгыз адам – карындашым болот.

Гүлнара Каримова Твиттерди кенен-кесири колдонуп жүргөн кезинде апасы Татьяна Каримованы жана сиңдиси Лоланы да сынга алганы бар. Лола Каримова өз маектеринде Гүлнара менен он жылдан ашык убакыттан бери сүйлөшпөгөнүн белгилеген. Кенже Ислам Каримов тайенеси жана тайежеси менен байланышуудан майнап чыкпаганын кошумчалады:

- Мен аракет кылдым. Карындашым да аракеттенди. Келишүүнү каалабаган адам менен кантип келишсе болот? Жек көрүүсү бар адам менен кантип жарашса болот?

Үй камагындагы Каримова, 2014-жыл.
Үй камагындагы Каримова, 2014-жыл.

Кантсе да кенже Каримовдун соңку айткандары кезинде байлыгы да, бийлиги да бар Каримов үй-бүлөсүнүн азыркы абалынан кабар берет. Анын маеги Гүлнара Каримованын дүйнөдөн кайтканы тууралуу айың-кептер интернет айдыңда талкуу жараткан учурга туш келди.

Өзбекстанды дээрлик 27 жылдай башкарган Ислам Каримов сентябрдын башында инсульттан көз жумган эле. Андан кийин өлкө башына келген бийлик жетекчилери Гүлнаранын тагдыры тууралуу маалымат беришкен жок. Өзбек бийлиги Европада камакка алынган Каримовага тиешеси бар делген миллиондогон доллар каражатты кайтарып алуу аракетин көрүп жатат.

Өзбекстан ЕАЭБдан алыс болгусу келет

Орус Владимир Путин жана Өзбекстандын президентинин милдетин аткаруучу Шавкат Мирзиёев.

Өзбекстан Орусия башында турган Евразиялык экономикалык биримдикке кирүү планы жок. Өзбек өкмөтүнүн мындай биримдик өлкөгө артыкчылык бербей турганын айтты.

Өзбекстандын тышкы экономикалык байланыштар боюнча министринин орун басары Шавкат Толаганов өзбек тараптын Евразия экономикалык биримдигине кошулуу ниети жоктугун 29-ноябрда жарыялады.

Анын айтымында, өзбек эксперттери “бул биримдикке мүчө болуу Өзбекстанга эч кандай артыкчылык бербейт, тескерисинче кээ бир маселелерде зыян алып келет" деген тыянакка келген. Орус маалымат каражаттары жазгандай, Өзбекстанда 4-декабрда боло турган президенттик шайлоонун талапкерлери да “тышкы саясатты биринчи мамлекет башчы аныктаган багыт менен алып барышарын” билдиришкен.

Шавкат Мирзиёев жетектеп турган өзбек өкмөтүнүн мындай билдирүүсү Өзбекстандын регионалдык уюмдар боюнча саясаты маркум президент Ислам Каримовдун учурундагыдан көп өзгөрбөшү мүмкүндүгүн ырастоодо. Өзбекстандык экономист Саодат Нишанова бул чечимге анчейин таң калбаганын “Азаттыкка” айтты:

“Өзбекстан жабык бир моделге ээ. Салык, фискалдык маселелер бул жабык моделдин негизинде чечилет. Аны ачып жиберсе, толгон-токой келишимдерди карап чыгууга туура келет. Анын үстүнө мындай жабык ыкмалардан акча жасоону үйрөнгөн элита да пайда болду. Ырааттуу реформаларды ишке ашырбай туруп бул моделден баш тартуу башаламан абалды жаратат. Андыктан мен Өзбекстан интеграцияга багыт алат деген сөздөргө ишенген эмесмин жана мындай билдирүү жасалат деп күтүп жаткам. Жабык абалга көнгөн элитанын да кысым бар”.

ЕАЭБге кирген мамлекеттердин башчылары
ЕАЭБге кирген мамлекеттердин башчылары

Өзбекстан маркум Ислам Каримов бийликте турган учурда Москва үстөмдүк кылган регионалдык уюмдардан оолак болуп келген. Маселен 2008-жылы өзбек тарап ЕАЭБдагы мүчөлүгүн токтоткон. Буга кошумча Жамааттык коопсуздук келишими уюмуна эки жолу кошулуп, эки жолу кайра чыккан. Каримов Евразиялык экономикалык биримдикке кирүүнү караштырбай турганын, уюм өлкөнүн эркиндигин чектеп коёрун белгилегени бар.

Экономист Нишанова Өзбекстандын жаңы бийлиги Орусия, Казакстан, Беларус, Кыргызстан жана Армения мүчө болгон Евразиялык экономикалык биримдикке азырынча кошулууну каалабаса да, болочокто интеграциядан кача албастыгын айтат. Анын пикиринде, Орусия 30 миллиондой калкы бар Өзбекстанды эч качан колдон чыгаргысы келбейт жана өзбек тарап да кескин чечимдерди кабыл алуудан карманат.

Себеби Кытайды кошпогондо Өзбекстандын эки ири соода өнөгү – Орусия менен Казакстан Евразиялык экономикалык биримдиктин мүчөлөрү болуп саналат. Мындан тышкары Орусияда 2 миллиондой өзбек мигранты иштейт.

“Мигранттарга карата басым болушу мүмкүн. Анткени кирешелердин көбү алардан келет. Кайсы бир жылдары анын көлөмү 13 миллиард долларга жетип турган. Андыктан мындай рычаг жана дипломатиялык ыкмалар колдонулушу мүмкүн”,-дейт экономист Саодат Нишанова.

Өзбекстанды 25 жылдан ашык башкарган Ислам Каримов инсульттан улам сентябрдын башында дүйнөдөн кайткан.
Өзбекстанды 25 жылдан ашык башкарган Ислам Каримов инсульттан улам сентябрдын башында дүйнөдөн кайткан.

Эксперттер өзбек тараптын Евразиялык экономикалык биримдик тууралуу министрдин орун басарынын деңгээлинде билдирүү жасаганына да көңүл буруушууда. Алар болочоктогу сүйлөшүүлөрдөн кийин Өзбекстандын жогорку жетекчилери башкача позициясын билдириши мүмкүндүгүн жокко чыгарышпайт.

Регионалдык уюмдар боюнча Өзбекстандын позициясы азырынча мурдагыдай калып жатканы менен экономика жана финансы тармагындагы айрым өзгөрүүлөр тууралу кабарлар келип жатат. Маселен өкмөт валюта саясатын либералдаштыра турганын жарыялады. Улуттук валютанын курсун рынок механизмдерге ылайыкташтыра турган бул план 2017-жылдан кийин ишке киришет деп күтүлүүдө.

PS: "Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Актөбөдө жазасын алгандар ыйлашты

5-июндагы кол салуулар боюнча соттолуп жаткан казак жарандары, 28.11.2016

Казакстандын Актөбө шаарындагы куралдуу кол салуулар боюнча айыпталган 29 кишиге өкүм чыкты.

Ушул жылдын 5-июнунда Казакстандын батышындагы Актөбө шаарындагы куралдуу кол салуулар үчүн айыпталган 29 кишинин жетөө өмүр бою эркинен ажыратылды.

Актөбө шаарынын тургундары Жанабай Куанышбаев, Алибек Акпанбетов, Бакыт Куанышбаев, Асхат Рахметов, Ануар Садихов, Арсен Таңатаров жана Асхат Имангалиев террордук ишке, адам өлтүрүүгө түздөн-түз катышкан, мыйзамсыз курал-жарак алып жүрүшкөн, чабуул коюп, адамдарды уурдашкан деген оор беренелер менен айыпталып, эми калган өмүрүн абакта өткөрүшөт.

Ушундай эле оор айып тагылган Азамат Абдрахманов менен Айдос Жубанов 22 жана 20 жылга абакка кесилип, үй-мүлкү конфискацияланды. Алар жазасын катаал тартиптеги абакта өтөшөт.

- Соттолуучулар Азамат Абдрахманов менен Айдос Жубанов «Паллада» дүкөнүнө кол салышкан. Бирок алар дүкөндөн алган курал-жаракты таштап салып белгисиз тарапка качышкан. Башкача айтканда жашынышкан. Андыктан алар террордук топтун башка мүчөлөрү менен «Пантера» дүкөнүнө, Улуттук гвардиянын 6655-аскер бөлүгүнө жана «Родниковка-Акжар» бекетине кол салууга катышкан эмес, - деп Актөбө облустук сотунун маалымат катчысы Илиада Досова билдирет.

Тергөөнүн материалдары боюнча «диний агымдын 45 жактоочусу» 5-июнда Актөбө шаарынын Есет баатыр көчөсүндөгү ижарага алынган батирге чогулушкан. Алар Дмитрий Таңатаров менен Арман Айтугандын балдарынын «акыйка» же жентек тоюна келишкенде дасторкон үстүндө той ээлери куралдуу кол салуу планын айтышкан.

Актөбө кол салууларынын сыры көп

Актөбө кол салууларынын сыры көп

Казакстандык көз карандысыз саясатчы Амиржан Косанов “Азаттык” менен маегинде, бийликтер Актөбө окуяларын салттуу эмес диний агымдардын радикал жактоочуларына байланыштырып жатканы менен коомчулукта башка версиялар бардыгына көңүл бурду.

Ал жерге чогулгандар Дмитрий Таңатаровду «амир» шайлап, анын айткан-дегенин аткарууга ант беришет. Таңатаров менен Айтуган баш болгон алардын 18и атышууда жок кылынган. Ал эми калган 18 киши куралдуу кол салууга катышпай үйлөрүнө кетип калышкан. Сот аларды «кылмыш тууралуу маалымат» бербегени үчүн экиден беш жылга чейин эркинен ажыратты. Жалпысынан коңшу өлкөнү нес кылган июндагы окуялар боюнча 29 кишиге айып тагылган.

28-ноябрда өкүм окулган маалда сот залында соттолуучулар менен бирге алардын адвокаттары жана коомдук коргоочулар гана отурушту. Коопсуздук чараларынан улам айыпталуучулардын жакындары сот имаратынын алдына эки саат эрте келгенине карабай ичине киргизилген жок. Залдагы коомдук коргоочулар дем чыгарбай карманып отурушканы менен өкүм окулуп жаткан маалда акырын ыйлаган үндөр угулуп турду.

Өмүр бою эркинен ажыраганын укканда Бакыт Куанышбаев менен Алибек Акпантаев үнүн баса албай бакырып ыйлап жиберишсе, айнек тосмону таянган Асхат Рахметовдун алдында медициналык ингалятор жатты.

Актөбө окуясынын чоо-жайы бүдөмүк

Актөбө окуясынын чоо-жайы бүдөмүк

Казакстандын Ички иштер министрлиги 5-июнда Актөбө шаарына кол салгандар Сириядан башкарылганын билдирди. Министрликтин маалыматы боюнча Сириядагы лидер аларды кол салууга үйрөткөн жана шыктандырган.

Тергөө материалдары боюнча «акыйка» тойго Асхат Рахметов Бурабайдагы курортто дарыланып жаткан жеринен чакырылган. Бала кезинен майып Рахметов астма менен ооруйт. Май айында өкмөттөн бекер жолдомо алып 4-июнга чейин эс алуу үйүндө дарыланган. Ошол күнү кечинде Актөбөдөн Айтуган жиберген акчага билет алып, кечинде Астанадан учуп келген.

Соттолуучулардын адвокаттары өкүмдү комментарийлөөдөн баш тартышты. Коомдук коргоочулар катары сот залына кирген соттолуучулардын жакындары болсо жүздөрүн жаап журналисттерге сүйлөөдөн качышты. Мамлекеттик айыптоочу Рамазан Кадырбаев гана соттун чечимине канааттанганын айтты.

5-июнда жоон топ киши Актөбөдөгү курал-жарак саткан эки дүкөнгө кол салып, шаардагы Улуттук гвардиянын бөлүгүнө кирип барууга аракеттенишкен. Расмий маалыматта кол салууда жана атышууда жети киши мерт кетип, кыркка чукул адам жарадар болгону айтылган. Алты күндүк атайын операция маалында казак бийлиги «радикалдуу диний агым» деп атаган топтун 20га чукул жактоочусу кармалып, 18и жок кылынган.

Актөбөдөгү кол салуу: күбөлөр эмне дейт? (14.06.2016)

PS: "Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Рахмондун кызы тууралуу кабардын кесепети

Тажикстандын тышкы иштер министрлиги

Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги “Азаттыктын” тажик кызматынын алты журналистинин аккредитациясын жокко чыгарды.

Анын расмий себеби түшүндүрүлгөн эмес. Бирок редакция ал өлкө президентинин кызынын кызматка дайындалышы боюнча жаңылыкка байланыштуу деп эсептейт.

25-ноябрда “Азаттыктын” тажик кызматы президент Эмомали Рахмондун кызы Тышкы иштер министрлигинин эл аралык уюмдар башкармалыгынын жетекчисинин орун басары болгонун жазган. Жаңылык ошол эле министрликтеги расмий маалыматка негизделген.

Ал жаңылыкта ТИМдеги атын атагысы келбеген булактын бул дайындоо тууралуу айтканы камтылган. Анда кызматкер Рухшона Рахмонованын мурда Тажикстандын Британиядагы элчилигинде иштеп келгени, тажрыйбалуу экени айтылган.

Рухшона президенттин үчүнчү кызы, үй-бүлөлүү. Ал тууралуу башка балдар-кыздарына караганда маалымат азыраак.

Президент Рахмондун кызы сенаторго айланды

Президент Рахмондун кызы сенаторго айланды

Эл аралык коомчулуктун көз карашында мамлекеттик кызматтын тепкичинде тездик менен көтөрүлүп бараткан Озода Рахмон тажик президентинин мураскери катары да айтылып жүрөт. Аны менен кошо президенттин уулу 25 жашында генерал наамын алып, азыр өлкөдөгү Коррупцияга каршы күрөш кызматын башкарып жаткан Рустам Рахмонду да мураскер деп каралууда.

Башка кызы Озода Рахмон узак убакыт тышкы саясат мекемесинде иштеген. Президенттин аткаруучу аппаратына жетекчиликке дайындалганга чейин тышкы иштер министринин орун басары болгон. Ал эми уулу Рустами Эмомали мамлекеттик каржы көзөмөлү жана коррупция менен күрөшүү агенттигин жетектейт.

“Азаттыктын” тажик кызматы жаңылыкка бул маалыматтарды кошуу менен президенттин күйөө бала, кайниси кайсы кызматтарда иштерин тизмектейт. Рахмондун жети кыз, эки уулу бар экени да жазылган.

Ошол эле күнү редакцияга Тышкы иштер министрлигинен чалышып, кабарды беш мүнөт ичинде алып салууну талап кылышат. Тескери жооптон соң редакциянын Дүйшөмбүдөгү алты кызматкери министрликке чакыртылып, алардын аккредитациялары кайтарылып алынган. Анын расмий себеби түшүндүрүлгөн эмес.

Ошол эле учурда "Азаттыктын" тажик кызматы аккредитациясы алынган алты журналист жаңылыкты жазбаганын билдирип, эмне себептен бийлик алардын ишин токтотконун түшүнбөй турушат.

Ноябрдын башында дагы тажик бийлиги редакцияга чалып, АКШ элчилигинин Дүйшөмбүдөгү америкалыктарды ыктымал теракттардан сактанууга чакырган расмий эскертүүсүн сайттан алып салууну талап кылган.

"Эркин Европа/Азаттык" үналгысынын президенти Томас Кент тажик бийлигинин мындай мамилеси тынчсыздануу жаратарын билдирди. Ал АКШга байланыштуу “Азаттыктын” журналисттери расмий маалыматты, ал эми президенттин кызына байланыштуу ТИМдин сайтындагы расмий кабарды жарыялаганын белгилейт.

Кент ТИМдин аккредитацияны кайтарып алуу чечими жакын арада жокко чыгарыларына үмүт артарын кошумчалайт.

"Тажикстан Түркмөнстандын жолуна түштү"

Буга чейин сөз эркиндиги рейтингинде Тажикстан кескин чегингенин, бир топ журналисттер өлкөдөн чыгып кеткени айтылып келген. Сөз эркиндигине баам салган эл аралык уюмдар, журналисттер өлкөдө ой-пикир, сын айтуу укугу уламдан улам чектелип баратканын айтып, коңгуроо кагышууда. Алардын бири “Озодагон” маалымат агенттигинин редактору Марат Маматшоев менен кыскача маек курдук:

"Азаттык": Бул дайындоо тууралуу башка деле тажик маалымат каражаттары жазышты. Бирок эмне үчүн дал “Азаттыктын” тажик кызматынын журналисттерине чара көрүлдү деп ойлойсуз?

Марат Маматшоев: Ал жерде Тышкы иштер министрлигиндеги атын жашырган булак ошол дайындоо боюнча “Азаттыктын” тажик кызматынын суроолоруна жооп берип жатпайбы. Ал булак Рухшонанын тажрыйбасы мол жана башка деп, нейтралдуу пикирлерди айтып берген. Кандайдыр сын деле болгон эмес. Балким ички кызматкердин министрдин уруксатысыз сүйлөп койгону себептир. Балким бул дайындоого катар башка да бала-чакасынын бийликте турганын жазганы себептир. Анткени башка маалымат каражаттары жөн гана дайындалды деп жазышты. Балким жөн гана “Азаттыктын” аккредитациясын алып коюуга шылтоо болушу ыктымал. Бирок кантсе да бул маалымат каражаттарындагы жагдай начарлап турган учурда болууда.

"Азаттык": ​Тажикстан эл аралык "Чек арасыз кабарчылар" уюмунун сөз эркиндиги жаатындагы рейтингинде өткөн жылы жана быйыл 34 позиция артка кетип, 180 өлкөнүн ичинен 150-орунду ээледи. Ушундай жагымсыз статистикага эмнелер негиз болуп жатат?

Көптөгөн журналисттер Европага чыгып кетишти. Ал жактан качкын статусун алышты. Мындан улам эл аралык уюмдар Тажикстанда эркин пресса катуу басым алдында турганын таанып, билет деп түшүнсөк болот.

Марат Маматшоев: Акыркы бир нече жылда, өзгөчө өткөн жылдагы коргоо министринин орун басарынын төңкөрүш аракетинен кийин абал өтө оорлоп кетти. Эгер мурда сөз эркиндиги кенен түшүнүк катары кабылданса, азыр аябай чектелди. Сөз эркиндиги жаатында Тажикстан Өзбекстан менен Түркмөнстанга жакындап баратат. Тактап айтсам, ушул эле “Азаттыктын” журналисттеринин аккредитациясы.

Ошондой эле аз мурда белгилүү Тожньюс агенттигинин жабылышы мисал. Алар Тажикстанда иштей алышпасын, тажик бийлиги көз карандысыз журналистикага кызыкдар эместигин айтышты. Мындан тышкары жалпы эле өлкөдөгү маалымат каражаттарынын кандай маселелерди чагылдырып, же аларга кандай басым жасалып жатканынан деле абалды байкаса болот. Тажикстандагы журналистика мокок болуп баратат. Жарыяланган маалыматтардан эле сезилет.

"Азаттык": Өлкөдө бийликке каш кайтарып, сын-пикир жазган, же болбосо жагалданбаган маалымат каражаттары калдыбы?

Марат Маматшоев: Азыр саясий-экономикалык актуалдуу маселелерди көтөргөн беш-алты эле маалымат каражаттары калды. Азайып эле баратат. "Азия плюс медиа" группасы, азыр олуттуу көйгөйгө туш болгон “Азаттык”, "Фараж" гезити сыяктуулар эле калды.

Мен билгенден эле көптөгөн журналисттер Европага чыгып кетишти. Ал жактан качкын статусун алышты. Мындан улам эл аралык уюмдар Тажикстанда эркин пресса катуу басым алдында турганын таанып, билет деп түшүнсөк болот.

PS: "Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Наристени өлтүргөн мигрант дарыланат

Гүлчехра Бобокулова

Бир апта ичинде орусиялык басылмаларга жарык көргөн Борбор Азия жаңылыктарына сереп.

Орусияда тажик мигранттар өрттөн каза тапты

"Комсомольская правда" Орусиянын Тюмень облусунда өрттө каза болгон тажикстандык жети мигранттын өлүмү боюнча мигранттар иштеген курулуш ишканасынын курулуш участогунун башчысы кармалып, үй камагына алынганын кабарлайт.

Тюмень облусунда “Абсолют Агро” тоок фабрикасынын курулуш вагонунда 20-ноябрга караган түнү өрт чыгып, андан тажикстандык жети мигрант каза тапкан. Алардын баары 19-29 жаштагы Тажикстандын Согди облусунун тургундары болгон. Орусиялык басылмалар өрт коопсуздук эрежелери сакталбагандыктан келип чыкканын жазышкан.

Ал эми Интерфакс агенттиги үч мигранттын сөөгү мекенине 24-ноябрда жеткирилгенин, калгандары ишембиге чейин жөнөтүлөрүн маалымдайт. Жети мигранттын өлүмү боюнча Дүйшөмбү тыкыр тергөө иштерин жүргүзүүнү талап кылып Москвага расмий нота жөнөткөн.

Бобокулова: түрмөдөн ооруканага

Регнум маалымат агенттиги февралда Москвада төрт жашар кыздын кесилген башын көтөрүп жүргөн жеринен кармалып, кийин ал наристенин өлүмүнө айыпталган Гүлчехра Бобокулованы Хорошев соту кылмыш жазасынан бошотконун маалымдайт.

Бала багып иштеген өзбекстандык 39 жаштагы Гүлчехра Бобокулова Москвадагы “Октябрское поле” метросунун оозунда наристенин кесилген башын көтөрүп алып, “мен террорчумун, мен өлөм, бирок силер жазаланасыңар” деп жар салып турган жеринен камакка алынган. Кийин тергөө иштеринде ал өзү баккан Настя аттуу кызды ата-энеси жумушка кеткенден кийин өлтүрүп, андан кийин үйгө өрт койгонун моюнуна алганы макалада эскертилет. Келиндин мурда психикалык ооруга чалдыгып, Өзбекстанда каттоодо турганы кийин аныкталган. Эми сот Гүлчехра Бобокулованы кылмыш жазасынан бошотуп, аны психикалык дарылоодон өтүүгө милдеттендирди. Сот кыздын ата-энесинин жана өрттөлгөн батирдин ээси тарткан материалдык чыгымдын ордун толтуруп берүү боюнча доо арыздарды да четке каккан. Мамлекеттик айыптоочу тарап материалдык залалды 6,5 миллион рублга баалаган эле.

Кашаган иштей баштады

РБК басылмасы Казакстан ири мунай кенин өндүрө баштады деп жазат. Казакстандын Энергетика министрлиги Каспий деңизиндеги Кашаган кенинде келерки жылы 8 миллион тонна мунай өндүрүүнү пландап жатканын билдирген. Өлкөдөгү ири кен делген Кашаган 2013-жылы иштей баштап, бирок, техникалык кырсыктан улам ишин токтоткон. Быйыл күздө реконструкция жумуштары аяктап, мунай өндүрүү толук ишке киргизилген. Казакстан мунай экспорттоочу өлкөлөрдүн уюмунун мунай өндүрүүнү кыскартуу боюнча макулдашууларына карабай, Кашаганда иштер токтотулбасын билдирген.

Тажикстан Сирияга кеткендерди интернетке чыгарды

Регнум Тажикстандын Ички иштер министрлиги Сирияда исламчылардын катарында согушуп жүргөн жарандардын тизмесин сүрөттөрү менен интернетке жарыялаганын маалымдайт. “Ислам мамлекети” экстремисттик тобуна тиешеси бар деп жарыяланган 29 тажик жаранынын бешөө - аялдар. Тизме издөөгө салынган жарандардын жакын туугандарынын жардамы менен түзүлгөнү, ал эми сүрөттөр согуш талааларында тартылганы баяндалат. Жалпысынан Тажикистандын миңден ашуун жараны Сирияда согушуп жүргөнү макалада маалымдалган.

Өзбек саясий туткуну 23 жыл күткөн эркиндик

Самандар Куканов

Өзбекстанда саясий туткун катары чейрек кылымдай абакта отурган Самандар Куканов эркиндикке чыкты. Ал 90-жылдардын башында коммунисттик доорду уратууга шымалана киришкен, ошонусу менен Каримов экөө тил табыша албай калган ишкер жана депутат болчу.

Самандар Куканов 1991-жылы жазында "Чиноз" мунай иштетүүчү заводдун жетекчилик кызматынан алынат. Буга завод жумушчулары нааразы болуп, иш ташташкан. Куканов кызматтан себепсиз алынганын айтып, буга партбилетин тапшырып, коммунисттик доорду четке какканы негиз болгонун айтып чыгат.

Ал кезде ишкер жетекчи да, Олий Кеңештин депутаты катары да анын аты эл оозуна алынып кеткен болчу. Бул албетте Өзбек ССРинин адегенде 1-катчысы, кийин президенти болгон Ислам Каримовдун куйкасын куруштурат.

“Азаттыктын” журналисти Замира Шукур Куканов тууралуу көп жазган. 90-жылдардын башында Куканов ишкерликтен тышкары саясатчы катары да зор кадыр-барк топтой баштаганын эскерет:

- Ал Советтик Өзбекстанда эле эмес, Советтер Союзунда биринчилерден болуп өз ишканасында коммунизмге тыюу салган. Анын бул чечими өтө чоң чуу чыгарган. Куканов мезгил алмашканын, демократиялуу Өзбекстанды көргүсү келгенин ачык айтып чыккан. Ошону менен ал келечекте Ислам Каримовго баш бербей турган саясатчы экенин көрсөтөт. Ал кезде Каримов коммунисттик партиянын биринчи катчысы болчу. Анан ал ар бир жумушчуну ишканасындагы акцияга ээ кылып, гектарлаган жерлерди алып, жумушчуларына үйлөрдү салдырган. Бул ал кезде жомок болчу. Ошентип алгачкы олигарх Самандар Кукановдун аты жумурай журттун оозунан түшпөй калган. Анда парламенттин сессиялары түз чагылдырылчу. Ал жерде да ачык антикоммунист, ачык антикаримовчул экенин көрсөттү. Биринчилерден болуп расмий түрдө Мухаммед Салихтин "Эрк" демократиялык партиясына чоң акчалай жардам берген.

Азыр бозгундагы Мухаммед Салих ал жылдары Каримов менен президенттик жарышка чыккан реалдуу атаандашы болгону белгилүү.

Эки жыл өтпөй, 1993-жылы июлда Куканов көз боёмочулук кылды, мамлекет мүлкүн коромжуга учуратты деп камалып, 20 жылга эркинен ажыратылат. Санаалаштары аны ошо кезде президент катары бийлигин бекемдеп жаткан Ислам Каримов абакка салдырган дешет.

Анын камак мөөнөтү кийин узартылып келген. Акыркысы быйыл 6-октябрда аяктаган эле. 7-октябрда Заравшан шаардык соту абактын ички тартибин бузду деп дагы үч жылга узарткан. 24-ноябрда ал чечим жокко чыгарылды. Ошентип 23 жыл 5 ай дегенде Өзбекстанда саясий туткун катары эң узак абакта отурган адам эркиндикке чыкты.

Аны менен дароо “Азаттыктын” өзбек кызматы байланышты. 72 жаштагы Куканов ушул убакыт бою өзүн колдоп, санаа тарткандарга ыраазычылык билдирип, эркиндиктеги сезимдерин сүрөттөдү:

- Бул күндү 23 жыл 5 ай күттүм. Бардык нерсенин аягы болгондой, бүгүн чыктым. Алишер Навоинин айтканы бар эмеспи: алтын капаска кызыл гүл өстүрсөң да, булбул үчүн тикенекчелик мекен болбойт имиш... Ач болсо да көчөдө жүргөнгө эмне жетсин.

Журналист Замира Шукур азыр өзбек абактарында саясий туткундар аз калганын айтат. Жакында алар деле чыгарын болжолдоодо:

- Бир гана Мухаммед Салихтин бир тууганы Мухаммад Бекжанды эле Салихке таасир этүү үчүн кармап турушу мүмкүн. Ал эми калганын, менимче, чыгарат. Алар Мирзиёевге эч кандай коркунуч туудурушпайт. Муну менен ал өлкө ичинде да, сыртында да имиджин гана жакшыртат.

Айткандай эле Кукановдун бошотулушу тууралуу “Азаттыктын” өзбек кызматынын сайтындагы кабардын алдына Өзбекстандын президентинин милдетин аткаруучу Шавкат Мирзиёевди алкагандар арбын. Куканов ошол 90-жылдарда бир чакырылышта Мирзиёев экөө депутат катары чогуу иштешкен экен.

Европа биримдиги, Улуттар Уюмунун кыйноолорго каршы комитети жана укук коргоочу уюмдар өзбек бийлигин Кукановдун башын азат кылууга үндөп келишкен.

PS: "Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Мекенине келе албаган өзбекстандыктар

"Кара тизмеге" түшкөндөр

“Азаттыктын” өзбек кызматынын иликтөөсүнө ылайык, учурда Өзбекстанда диний экстремизмге айыпталып, издөөгө алынгандардын саны 40 миңдей болушу ыктымал.

Улуттук коопсуздук кызматы менен Ички иштер министрлиги бирге иштеп чыккан “издөөгө алынгандардын тизмеси" көп жылдан бери чет элде окуп, иштеп жүргөндөрдү кабатырга салууда. Мындай тизмеге Сирия жана Ирактагы согушкерлерге кошулгандардан тышкары, көп жылдан бери мекенден сыртта жүргөндөр да кирип калганы айтылууда.

Маалыматтарга караганда, тизмедеги адам колго түшсө, сөзсүз камалат жана кечирим берилбейт. Жаран “кара тизмеде” экенинен кабарсыз болушу, чет элден туулган жерине кайтып келген кезде кармалышы мүмкүн.

“Кара беткапчандардын” рейддери, тергөөгө чакыруулар, милицияга сурак берүүлөр – издөөдө жүргөндөрдүн Өзбекстандагы туугандарын түйшүккө салууда.

Египетке качкан жигит

Учурда Египетте жашап жүргөн 33 жаштагы Шавкат (аты-жөнү өзгөртүлдү) “Азаттыкка” курган маегинде атайын кызматтын басымынан качып, төрт жыл мурда Каирден башпаанек тапканын айтты:

- Владивостокто 12 жыл жашадым. 2012-жылы иним экөөбүз издөөгө алыныптырбыз. Иним намаз окучу эмес. Аны Орусиядан кармап кетишти. Динчил болбосо да, ага динге байланыштуу айыптарды коюшту жана тогуз жылга камап салышты. Андан тышкары, мен тааныган эки баланы да алып кетип, камап жиберишти. Айла жок, үй-бүлөмдү алып Египетке качып кеттим.

Шавкат менен кошо анын 29 айылдашы диний экстремизмге шектелип, эл аралык издөөгө берилген.

Күч органдарындагы булагыбыз сунуштаган документ “Диний-экстремисттик уюмдарга мүчө деп издөөгө алынгандардын туугандарынын уюлдук телефон номурлары” деп аталат.

Соңку эки жылда Өзбекстанда “Ислам мамлекети” радикал тобуна “кошулгандарга” байланыштуу жүрүп жаткан сот иштерин эсепке ала турган болсок, бул документке алгач караганда, “Сирия жана Иракка качкан өзбек жоочулары” деген тизме болсо керек деген ойго кетесиз.
Бирок бул тизмеге илинип калган Шавкат экстремист эместигин айтууда:

Күч органдарынан алынган документ
Күч органдарынан алынган документ

- Ооба, намаз окуйм. Бирок эч кандай агымдарга аралашкан эмесмин. Диндин өз жолу бар. Ал жолдон чыккандар адашат. “Ислам мамлекети” террордук тобунун жасап жаткан иштерин туура эмес деп эсептейм. Жихадга кошулуу жөнүндө ойлоп да көргөн эмесмин. Төрт жылдан бери нары-бери качып жүрөбүз. Бир гана кыялым – мындай жашоо аяктап, эркин өмүр сүрсөм болду. Балдарыма коркпой тарбия берүүнү каалайм. Иним камактан чыкса экен деп тилейм. Башка эч нерсе керек эмес,- дейт төрт жылдан бери Өзбекстанда экстремизмге шектелип издөөгө алынган Шавкат.

Шавкат менен сүйлөшкөн соң тизмедеги башка кишилерге жана алардын туугандарына байланыштык. Документтеги 30 адамдын жакындарына таандык деп жазылган 53 телефон номурдун ар бирине чалып, 17 адам менен маектештик.

Бизге маалым болгондой, Шавкаттан тышкары, анын беш айылдашы Египетте баш калкалап жүрүшөт. Жетөө Түркияда, бирөө Норвегияда экен. Дагы үч кишинин кайда экени беймаалым.

Издөөгө алынгандардын төртөө аял, калганы эркектер. Жаш курактары 26дан 46 жашка чейин. Алардын айрымдары 8 жыл, кээ бирлери бир жыл мурун издөөгө алыныптыр. ​

Владивостоктогу “өзбектерге аңчылык”

Шавкат башка айылдаштары сыяктуу Владивостокко акча табуу үчүн келген. Мектепти аяктап, дарыгер болуу максатында Медицина институтуна тапшырып, келишимдик негизде окууга кирген экен. Бирок акчасы жетпей, Орусияга мигрант болуп жөнөйт. Каражат топтоп, окуусун улантууну көздөгөн:

- Орусияга келип, курулуш тармагын үйрөндүм. Дарыгер болгум келбей да калды. Бир орус кызга үйлөндүм. Балалуу болдук.

Шавкаттын айтымында, Владивостоктогу өзбектерге күч түзүмүнүн “аңчылыгы” жети жылдай мурун башталган. Орусиянын тартип сакчыларынын жардамы менен айрымдары кармалган.

- Владивостокто жүргөн анжияндык өзбектер кайсы бир агымга аралашып калган. Чынында, ошол агымга иштешкен. Алар Өзбекстанга барган кезде сумкаларынан ошол агымга тиешелүү кагаздар чыгыптыр. “Биз төңкөрүш кылууну көздөгөнбүз” деп моюнга алышкан экен. Ошол окуядан соң өрөөндөн Орусияга келип иштеп жаткандар чекеден кармала баштады. Анан башка облустардын тургундарына өтүштү. Көбүн Орусиянын полициясы кармап берди.

Ал-Азхарда окугандар көзөмөлдө

Бул окуялардан соң Шавкат Египеттен башпаанек табат. Беш айылдашы Ал-Азхар университетинде окуган экен. Алардын бири 39 жашта. Бул тууралуу аталаш тууганы айтып берди:

- Египетте окуп, анан ошол жакта иштей баштады. Төрт жылдай мурун туугандарын милиция чакырып, ал издөөгө алынганын айтышты. Тергөөчүдөн анын себебин сурасак, “Көп жылдан бери Өзбекстанга келе элек. Документсиз жүрөт” деп айтты. Жээним издөөгө алынганын угуп, Египеттен Түркияга өтүп кетти. Үйгө келүүнү каалайт. Бирок камалып калуудан коркот.

Өзбекстандын ички иштер тармагында иштеген булагыбыз билдиргендей, 2011-жылы “Араб жазы” башталгандан соң диний айыптоолор коюлган өзбекстандыктардын саны көбөйгөн:

- “Араб жазы” деген балакет чыкпадыбы. Араб мамлекеттеринде жүргөн бардык өзбекстандыктар көзөмөлгө алына баштады. Чынында, Өзбекстанга көптөн бери келбей жүргөндөрдү издөөгө алуу боюнча буйрук бар. Бул коопсуздук максатындагы кадам. Эгер ал туура эмес агымга кошулган болсо, албетте анын Өзбекстандагы туугандарын да байкап турганыбыз оң. Орусия менен Түркия жихадга жол алгандар үчүн транзитке айланбадыбы. Андыктан, ошол жактагы өзбекстандыктар тууралуу шектүү кабар түшсө, дароо көзөмөлгө алынат.

Айрым кишилер менен маектешип отуруп, Улуттук коопсуздук кызматынын өкүлдөрү шектүүлөргө дайыма телефон чалып турарын билдик. Муну Шавкат да бышыктайт:

- Атайын кызмат өкүлдөрү чалып турушат. “Каердесиз? Тынчсызбы? Эмне кылып жүрөсүз?” деп сурашат. Эки күн мурун Whatsapp'тан да жазышкан.

Мирзиёев Каримовдун дин саясатын улантабы?

Адам укугун коргоочулар маркум президент Ислам Каримовдун диний экстремизм боюнча саясатын айыпташат. Азыр президенттикке талапкер, ошол эле кезде мамлекетти башкарып жаткан Шавкат Мирзиёев бул жаатта Каримов баштаган жолу улантарын билдирген.

Динге байланыштырса, Интерпол көңүл бурат. Бул өтө татаалдашып кеткен жараян. Өзбекстандагы мурдагы саясат тилекке каршы азыр да уланууда.
Сурат Икрамов

Өзбекстан диний экстремизмге каршы “олуттуу” күрөшүп жатканына карабай, бул боюнча канча адам камалганы жана издөөдө экени ачык маалымдаган эмес.

Укук коргоо органдарынан алынган маалыматтарга ылайык, издөөгө алынгандар ар бир район-шаарда бар. “Азаттыкка” келип түшкөн документте 25 миң киши жашаган бир эле айылда 30 киши “экстремист” деп шектелип жатканы жазылган. Мамлекетте элдин саны 32 миллионго жакындап калганын эсепке алсак, анда шектүүлөр саны 40 миң чамалуу деп болжолдосо болот.

“Диний айыптоо Интерпол үчүн ойлоп табылган”

Сурат Икромов
Сурат Икромов

Диний айыптоолор менен издөөгө берилгендер жана камалгандар менен байланыштуу жагдайларды изилдеп жүргөн укук коргоочу, Ташкенттеги “Көз карандысыз адам укуктары коргоочулар” демилгелүү тобунун жетекчиси Сурат Икромов мындай дейт:

- Соңку кездери издөөгө алынгандар көбөйдү. Терроризмге каршы күрөш башкармалыгында иштегендер участкалык милиция өкүлдөрүнө келет да, анын аймагынан ким кайда кеткенин сурашат. Айыл же көчө башчыдан даректерин, телефондорун алышат. Анан аларга диний экстремизмге байланыштуу айыптарды коюшат. Анткени, динге байланыштырса, Интерпол көңүл бурат. Бул өтө татаалдашып кеткен жараян. Өзбекстандагы мурдагы саясат тилекке каршы азыр да уланууда. Темир тор артындагы 13 миң адам динге байланыштуу камалган. Канчасынын сотуна катыштым, бирөө да эмне үчүн камалганын билишпейт.

Ушу тапта чет элде жүргөн миңдеген өзбекстандыктар “кара тизмеден” кантип чыгуунун жолун билбей, баштары маң. Көптөн бери чет элде окуп, иштеп жүргөн айрымдар бул тизмеде бар же жок экенин биле албай убара.

PS: "Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

“Аркадагдын” уулу депутат болду

Сердар Бердимухаммедов депутаттык күбөлүгүн алып жатат.

Түркмөн президенти Гурбангулы Бердимухаммедовдун жалгыз уулу Сердар парламенттин депутаты болуп шайланды. Айрым байкоочулар аны “Аркадагдын” мураскору деп мүнөздөшүүдө.

Түркмөнстандын телеканалдары кабарлагандай, 20-ноябрда Межлистин мурдагы депутаттарынын ордуна үч округда шайлоо өткөрүлгөн. Алардын биринде түркмөн президентинин 32 жаштагы уулу Сердар Бердимухаммедов жеңип чыкты. Ахал облусунун Душак округундагы бул шайлоодо президенттин уулу добуштардын 82 пайыздан ашыгын, анын атаандашы 17 пайызын алган.

Түркмөнстандыктар Борбордук шайлоо комиссиясынын жыйынында кенже Бердимухаммедовго депутаттык күбөлүк тапшырылганына күбө болушту.

Дүйнөдөгү эң жабык жана тыкыр көзөмөлдөнгөн өлкөлөрдүн бири деп саналган Түркмөнстандан келген бул кабар бозгундагы түркмөн саясатчыларынын көбүн таң калтырган жок.

Австрияда жашаган Түркмөн республикачыл партиясынын башчысы Нурмухаммед Ханамов Сердар Бердимухаммедовдун болочокто атасынын мураскоруна айланарынан күмөн санабайт:

- Бердимухаммедовдун үч карындашы, үч күйөө баласы жана балдары Түркмөнстандын дээрлик бардык тармактарын көзөмөлдөшөт. Аларсыз чөптүн башы да кыймылдабайт. Бердимухаммедовдун өзүнүкү го түшүнүктүү. Бирок ылдыйкы баскычтар Бердимухаммедовдордун үй-бүлөсүнүн колунда. Андыктан президенттин уулунун депутат болушунда таң калычтуу эч нерсе жок. Бүгүн уулун, кийин небересин депутат кылат, анан убагы келгенде экөөнүн бирөөсүн мураскор кылып дайындайт.

Гурбангулы Бердимухаммедовдун көргөзмөдөгү портрети.
Гурбангулы Бердимухаммедовдун көргөзмөдөгү портрети.

Президенттин бир уулу жана үч кызы бар. Кыздары тууралуу көп маалымат жок. Бердимухаммедов уулун былтыр июль айында Тышкы иштер министрлигиндеги жетекчилик кызматка дайындаган. Ага чейин Сердар Бердимухаммедов айыл чарба министринин орун басары сыяктуу бир катар өкмөттүк кызматтарда иштеген.

Мындан сырткары ал өткөн жылы техника илимдеринин доктору наамын ийгиликтүү жактаганы кабарланган. Түркмөн республикачыл партиясынын башчысы Нурмухаммед Ханамов президенттин уулу тууралуу маалыматтары менен бөлүштү:

- Ал көбүнесе көмүскөдө болуп келген. Бердимухаммедов ар дайым өзү менен кошо небересин гана алып жүрчү. Керек болсо расмий иш-чараларда да анын жанында небереси турчу. Президенттин уулу жөнүндө маалыматтар дайыма эле позитивдүү болгон жок. Анын “сайрандаганды жакшы көргөнү жана тажик президентинин уулу менен дос болгону, алар Эмираттарга барып эс алышканы” тууралуу маалыматтар айтылып жүрөт. Жаш кезинде кандай болсо да анын акылы бар жана атасынын абройун сакташы керек болот”.

Бердимухаммедовдун Ашхабаддагы эстелиги.
Бердимухаммедовдун Ашхабаддагы эстелиги.

“Аркадаг” же “Коргоочу” деген титулу бар Гурбангулы Бердимухаммедов 2006-жылы Сапармурад Ниязов көз жумгандан бери Түркмөнстанды башкарып келет. Жакында өлкөнүн Конституциясын өзгөртүү боюнча референдум өтүп, анын жыйынтыгы менен президенттин мөөнөтү беш жылдан жети жылга узарды.

Мындан сырткары президенттикке талапкерлердин жаш курагын чектеген берене да жокко чыкты. 59 жаштагы Бердимухаммедовдун каалашынча президент болуп шайланышына 70 жаштык чектөө гана жалгыз тоскоолдук эле. Түркмөнстанда президенттик шайлоо 2017-жылдын 12-февралында өткөнү турат.

Нейтралитет саясатын алга сүрөгөн, мунайга бай Түркмөнстандагы адам укуктарынын абалы эл аралык уюмдардын сынына кабылып келет.

PS: "Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Каримованын "өлүмү" калпка чыкты

Гүлнара Каримова кезинде ырчылык менен алек болуп, бир нече видеоклиптерди чыгарган.

Өзбекстандын мурдагы президентинин тун кызы Гүлнара Каримованын уулу Ислам апасынын “өлүмү” тууралуу айың-кептерди четке какты. Ал Би-Би-Синин өзбек кызматына Гүлнара тирүү экенин билдирди.

Кезинде мурдагы өзбек президентинин мураскору деп мүнөздөлгөн, дээрлик үч жылдан бери кабары чыкпай калган Гүлнара Каримова жөнүндө дагы бир айың-кеп четке кагылды.

Каримованын 23 жаштагы уулу, таятасынын ысымын алып жүргөн Ислам апасы тирүү экенин билдирип чыкты. Би-Би-Синин өзбек кызматы андан Гүлнаранын кайда экенин сураганда, ал: ”Апам 2014-жылдын февралынан бери үй камагында. Карындашым камакта эмес, бирок ал өлкөдөн чыга албайт. Мен өзүм Лондондомун” деп жооп жазган.

22-ноябрда Борбор Азия жаңылыктарын жарыялаган “Центр-1” интернет-басылмасы жашыруун булакка таянып, Гүлнара Каримова ууланып каза болгонун жазып чыккан. Бул кабар Орусиянын таанымал маалымат каражаттарына да тарап, социалдык түйүндөрдө түкшүмөл суроолорду жараткан.

Гүлнара Каримова жана анын уулу Ислам.
Гүлнара Каримова жана анын уулу Ислам.

Ал жашыруун булак башка журналисттерге жана укук коргоочуларга “Гүлнара көз жумду” деп сүрөт жана каттарды жөнөткөнү маалым болууда. Андай каттарды алгандардын арасында Норвегиянын Хельсинки комитетинин Борбор Азиядагы өкүлү Ивар Дале да бар:

- Твиттердеги “Гүлнараны көрсөткүлө” деген аккаунттун ээси жаза баштады. Анын ким экенин эч ким билбейт. Жазган маалыматтары кызыктуу, бирок далил жок. Көптөгөн орус тилдүү булактар Гүлнара Каримованын “өлүмү” тууралуу маалыматтарды текшербестен, чындык катары жазып чыкканы мени таң калтырды.

Учурда Гүлнара Каримова тууралуу жалган маалыматтарды таркатуу кимге керек деген суроо берилүүдө. “Борбор Азиядагы адам укуктары” биримдигинин жетекчиси Надежда Атаева бул иш Каримованын өзүнүн же анын жакындарынын колунан келиши мүмкүндүгүн четке какпайт. Укук коргоочунун айтымында, өнөктүк артында тургандар Гүлнарага карата элдин аёо сезимин жаратууну көздөшү ыктымал.

Каримованын социалдык тармактарга таралып кеткен өзгөртүлгөн сүрөттөрү.
Каримованын социалдык тармактарга таралып кеткен өзгөртүлгөн сүрөттөрү.

Өзбекстандагы кырдаалга байкоо салган “Фергана” маалымат агенттигинин жетекчиси Даниил Кислов болсо жоромолдор көп экенин белгилеп, бирок бул жөн гана шакаба чеккиси келген кишилердин оюну да болушу мүмкүн дейт:

- Бир караганда, муну азыркы бийликтин беделин түшүрүп, шайлоо алдында президенттин милдетин аткаруусу Шавкат Мирзиёевго сокку ургусу келгендер уюштурду деп жоромолдосо болот. Бирок бул иш - коопсуздук кызматтарына да, оппозицияга да тиешеси жок, жөн эле көңүл ачууну каалаган адамдардын колунан келиши мүмкүн. Андыктан так бир себепти айтуу кыйын. Бирок мен бир нерсени билем – социалдык тармактагы маалыматтарга анчалык маани берүүнүн кажети жок.

Сентябрдын башында инсульттан көз жумган Ислам Каримовду акыркы сапарга узатуу зыйнатына Гүлнара Каримова катышкан эмес. Андан бери Каримова тууралуу интернет айдыңында ырасталбаган маалыматтар көбөйдү. Маселен жакында өзүн мурдагы өзбек президентинин тун кызы деп сыпаттап, Твиттерде талкуу жараткан “Афина” аттуу колдонуучу чынында Каримова эмес экени белгилүү болду. Мындан тышкары Гүлнара психиатриялык ооруканага түштү деген маалыматтарга да далил табыла элек.

Каримова үй камагында өтө начар шартта кармалып турганын журналисттерге билдирген.
Каримова үй камагында өтө начар шартта кармалып турганын журналисттерге билдирген.

​Кезинде Өзбекстандагы ишкерчилик жана шоу-бизнес тармагын өз колунда кармап турган Гүлнара Каримова 2014-жылы үй камагына алынган. Буга Каримова менен чет өлкөлүк телекоммуникация компанияларынын ортосундагы коррупциялык схеманын ашкерелениши себеп болгону кабарланган. Натыйжада Каримованын тынымсыз билдирүүлөрдү жазып турган Твиттер баракчасы да жабылган. Көп өтпөй Гүлнара “иттикинен да жаман шартта кармалып турганын” айтып, атасы менен жолуктурбай жатканын күбөлөгөн видео жана аудиону журналисттер менен бөлүшкөн.

Каримова катышканы айтылган коррупциялык схемадан улам миллиондогон доллардык каражат АКШнын сунушу менен Европада камакка алынган. Өзбекстан бул каражаттарды өлкөгө кайтаруу аракетин көрүүдө. Бирок АКШ расмийлери акча кимдин колуна тиет деп кабатырланып турат.

PS: "Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Беш балалуу Парвина Борбор Азиянын сулуусу

Беш балалуу Парвина Борбор Азиянын сулуусу
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:59 0:00

Петропавловск: казакча атка каршылык

Казакстан

Казакстандын түндүк аймагында көчөлөрдүн аталышын казакчага алмаштыруу өнөктүгү жүрүп жатат. Петропавловскто орусча аталыштагы көчөлөргө казактын атактуу адамдарынын ысымын берүү чечими кабыл алынган. Бирок мындай чечимге жергиликтүү тургундар каршы чыгууда.

Түндүк Казакстан облусунда учурда көчөлөрдүн аталышын алмаштыруу өнөктүгү жүрүүдө. Облус борбору Петропавловск шаарындагы Солнечный кичи районундагы үч көчөгө жергиликтүү атактуу адамдардын ысымын ыйгаруу сунушталып, шаардын маслихаты макулдугун берген.

Ал эми Явинск шоссесине Кожаберген Жыранын, 5-Сенный көчөсүнө белгилүү Казыбек Байбаловдун ысымы берилмей болгон.

Бирок калктын көпчүлүгүн орус тилдүүлөр түзгөн шаарда айрым тургундар мындай аталыштарга каршы. Жергиликтүү парламенттеги бул маселени талкуулоо учурунда алар нааразылык билдиришти.

Петропавловсктун тургуну Равил Рязаповдун айтымында, шаардын көчөлөрүнө жаңы аталыштарды ыйгаруунун кажети жок болчу:

- Шаарда эмне болуп жатат? Түшүндүргүлөчү мага... Казакча гана аталыштар коюлууда. Биздин шаардын 250-300 жылдык тарыхы бар. Улуттук баш кийим кийген аксакал шаарда пайда болуп, эмне үчүн Сенная, эмне үчүн мындай, казак аталыштарына өзгөртөбүз деп чыкты.

Равил Рязапов казак тебетейин кийген аксакал деп облустун ардактуу атуулу Болат Сагындыковду айтып жатат. Дал ушул адам көчөлөрдүн аталышын казакташтыруу демилгесин көтөргөндөрдүн бири болгон. Ал Казакстан төбөлсүздүк алгандан бери 25 жыл өткөнүнө карабай аталыштардын эскиче калып жатканына нааразы.

Болат Сагындыков улуттук баалуулуктарды коргоо үчүн аракет кылып жатканын билдирди:

- Менин баш кийимине жек көрүү менен караганы ачуумду келтирип жатат. Маселе баш кийимде эмес. Баш кийимдин астында эмне бар, кеп ошондо. Бул баш кийим - казактын баш кийими. Аны чечпей кийишибиз керек.

Маселени талкуулоого шаардагы мектеп окуучулары да катышкан. Маселен, Виктория Степина аттуу окуучу шаардын тарыхын сактоо үчүн аталыштарды өзгөртпөө зарыл деген пикирде:

- Биздин президентибиз Нурсултан Назарбаевдин айткандарын эстейличи. Ал “тарыхыбызды унутпашыбыз керек. Ким унутса ал абдан чоң ката кетирди” деп айткан. Эгер Нурсултан Абишовичтин айткандары жакпаса, Москванын мисалын алалычы. Москванын борбору тарыхый аталыш менен калып жатат. Бардык көчөлөрдүн тарыхый аталышы өзгөртүлгөн жок. Биз эмнеге мындай кыла албайбыз? Эмнеге биз президентибизди укпайбыз?, - деп собол салды.

Мындай талкуулардан соң Петропавловсктун маслихаты бул маселени республикалык ономастикалык комиссиянын кароосуна жиберди.

Шаардык мэриянын өкүлү Асем Садуакасованын айтымында, көчөлөрдүн аталышын өзгөртүү боюнча чечимди борбордук бийлик кабыл алышы керек:

- Бул маселе боюнча республикалык ономастикалык комиссиянын жыйынтыгы менен акимияттын токтому жана маслихаттын чечими кабыл алынат.

Советтер союзу тараган соң жер-суулардын аталышын алмаштыруу өнөктөгү башка өлкөлөрдө да жүргүзүлгөн. Бул жаатка Тажикстан абдан маани берген. Бул өлкөдө ат алмаштыруунун алгачкы толкуну совет бийлиги кулагандан кийин эле башталган. Соңку 20 жыл ичинде орус тилиндеги же советтик аталыштардын баары дээрлик өзгөрүп бүткөн. Андан араб тилиндеги аталыштар да четте калган эмес. Быйыл жыл башында тажик парламентинин жогорку палатасы бир катар район-шаарлардын атын өзгөртүү сунушун жактырган.

Алардын катарында илгертен кыргыздар байырлап келген Жерге-Тал районун Лахш, Чкалов шаарын Бустон (Гүлдүү Бак), Жалалиддин Руми району Жалалиддин Балхи, Тавил-Дара району Сангвор, Жили-Көл району Дусти болуп өзгөргөн.

PS: "Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

EADaily: Кыргызстан жемкорлук сазына батты

Иллюстрация

Орусиялык басылмалардагы жума ичинде жарык көргөн борбор азиялык макалаларга сереп.

EADaily басылмасы "Кыргызстан менен Тажикистан дүйнө жүзү боюнча коррупция эң өнүккөн өлкөлөр" деп аныкталды деп жазат. “Дүйнөдөгү коррупция барометри -2016” деген изилдөө коррупция боюнча эң биринчи орунда Тажикистан, экинчиде Молдова, үчүнчүдө Кыргызстан менен катар Украина жана Азербайжан турат деп аныктаган.

Сурамжылоо учурунда акыркы үч өлкөдө беш адамдын экөө пара бергенин айтса, Тажикистанда болсо ар бир экинчи адам коомдук кызматтар үчүн пара бергенин моюнга алган.

Изилдөө "мурунку совет өлкөлөрүндө коррупция саламаттыкты сактоо жана укук коргоо органдарында кеңири жайылган" деген жыйынтык чыгарган.

Ал эми Регнум агенттиги Кыргызстанда болсо коррупциялык кылмыштардын бетин ачууга көмөктөшкөн жарандарды акчалай сыйлоо жөнүндө мыйзам долбоору каралып жатканын маалымдайт.

Мыйзам кабыл алынган учурда коррупциялык иштер жөнүндө маалымдаган жарандарга өлкөнүн бюджетинде сакталып калган материалдык каражаттын 30 пайызы төлөнүп берилмекчи.

Макалада 2015-жылы Кыргызстанда кызмат абалын колдонуу, мамлекеттик каражаттарды орунсуз сарптоо жана паракорчулук боюнча 334 кылмыш иши козголгону баяндалат.

Казакстан теракттын алдын алгандарга сыйлык берет

Интерфакс "Казакстанда террордук актылардын алдын алууга көмөк көрсөтүп, маалымат берген жарандарга өкмөт 6 миң долларга чейин сыйлык берет" деп кабарлайт.

Өкмөттүн токтому келерки жылдын 1-январынан тарта күчүнө кирет. Ага ылайык, пландалып жаткан террордук актылар жана анын уюштуруучулары тууралуу маалымат бергендерге 2 миллион теңгеге чейин акчаны өкмөт мамлекеттик бюджеттен бермекчи.

Бул сыйлык иш сотто каралып, күнөөкөргө айыптоочу өкүм чыгарылган маалда төлөнөт. Макалада ушул жылдын июнь айында Актөбөдө диний радикалдар курал-жарак саткан дүкөнгө кол салып, контртеррордук операцияда он үч согушчан жок кылынып, тогузу камакка алынганы эскертилет.

Коңшулардын ымаласы

КоммерсантЪ гезити Кыргызстан менен Өзбекстан чек арадагы талаштуу 14 тилке боюнча иликтөөлөрдү жүргүзүштү деп баяндайт. Муну менен эки тараптын ортосунда карама-каршылык пайда кылбаган тилкелердин саны 50дөн ашык деп айтылат макалада. Бирдиктүү иликтөө иштери Өзбекстандын Анжиян, Наманган жана Фергана облустарына чегаралаш Кыргызстандын Баткен, Жалал-Абад, жана облустарында жүргүзүлгөн.

Өзбек-түрк алакасы: муздун эриши

Режеп Тайип Эрдоган

Түркия президенти Режеп Тайип Эрдоган 17-ноябрда Өзбекстанга келди. Түрк президентинин Өзбекстанга бул көп жылдан берки биринчи сапары болуп калмакчы. 20 жылдан бери салкындап турган түрк-өзбек мамилеси оңолуу жолуна түшөбү?

“Өзбекстан келечеги улуу өлкө” деген ураан көтөргөн маркум Ислам Каримов тушунда Өзбекстандын жакын коңшу мамлекеттер эмес, алыскы айрым мамлекеттер менен да мамилеси жакшы эмес болчу. Алардын бири Түркия эле.

СССР тарагандан кийин расмий Анкара Борбор Азия мамлекеттери менен мамиле түзүүгө киришип, бардык республикаларда, анын ичинде Ташкентте элчилигин дароо ачкан. Тараптар түбөлүк достук жөнүндө келишимдерге кол койгон.

Бирок көп узабай түрк-өзбек мамилесинде салкындоо башталып, 2000-жылы Ташкент Өзбекстандагы түрк мектептерин жабууга барган. Эки ортодогу мамиленин начарлоосу 1993-жылы Өзбекстандагы президенттик шайлоодон кийин башталганын “Азаттыктын” өзбек кызматынын баяндамачысы Сражиддин Ислами белгилейт. Ал шайлоодо Өзбекстандын оппозициялык “Эрк” партиясынын лидери Мухаммад Салих Ислам Каримовго атаандаш болгон. Шайлоодон кийин кысым күчөгөндө Мухаммад Салих Түркияга качууга аргасыз болгон.

Ислам Каримов менен Режеп Тайип Эрдоган 2014-жылы Сочи олимпиадасынын ачылышында гана кыска мөөнөткө учурашкан.

Эми түрк президенти 16-17-ноябрдагы Пакистанга сапарынан кийин Самаркандга келип, Өзбекстандын президентинин милдетин аткаруучу Шавкат Мирзиёев сүйлөшүү өткөрмөкчү.

Режеп Тайип Эрдогандын маалымат кызматы түрк президенти 17-18-ноябрда Өзбекстанда болуп, түрк-өзбек мамилеси жана эл аралык маселелер боюнча сүйлөшүү өткөрөрүн кабарлаган.

Түркиянын түрк тилдүү мамлекеттер боюнча мурунку министри Ахад Андижаний түрк-өзбек мамилелеринин муздашынын бир себеби Ислам Каримов болгон дейт:

- Түркия Ислам Каримовдун заманында да бүтүн Орто Азия мамлекеттери менен мамилени жакшыртуу саясатын жүргүзгөн. Бирок Ислам Каримовдун бул өлкөгө карата мамилеси Түркиянын Өзбекстанга саясатын үзгүлтүккө учуратып келген.

Ахад Андижанийдин пикиринде, эгерде Ислам Каримовдун ордуна келе турган бийлик Түркия менен мамилени жакшыртууга аракет жасаса, анда Түркия тараптан эч кандай маселе чыкпайт.

“Азаттыктын” өзбек кызматынын баяндамачысы Сражиддин Ислам да түрк-өзбек мамилесин жакшыртууга эч кандай тоскоолдук жок деп эсептейт:

- Эки мамлекет ортосундагы мамилелерди жакшыртууга азырынча эч кандай тоскоолдук жок. Бирок Шавкат Мирзиёевдин жана өзбек өкмөтүнүн Түркияга мамилесин Анкара билбейт. Ошондуктан Шавкат Мирзиёев менен учурашуу шылтоосу менен алардын ой-пикирлерин билүү максаты коюлууда. Өзбекстанда да Түркия менен мамилелени жакшыртуу үмүтү бар. Албетте ар кандай маселелер бар, алардын ичинен эң негизгиси коопсуздук маселеси.

Сражиддин Ислам коопсуздук маселеси дегенде өзбек жарандарынын Түркия аркылуу Сирияга барышын атады.

Мухаммад Салих
Мухаммад Салих

​Ушул кезге чейин Түркияда кала берген Мухаммад Салих маселеси курчтугун жоготкон деген Сражиддин Ислам, ал өзбек-түрк лидерлеринин сүйлөшүүсүнө таасир эте албашын кошумчалады.

Түркиянын Кастамон университетинин профессору Орхан Кавунчи эки өлкөнүн мамилесин жакшыртууга тоскоолдук кылган эч нерсе калбады дегенге кошулат. Эгерде Өзбекстан президентинин милдетин аткаруучу Мирзиёев экономикасын өнүктүрүүнү жана эл аралык аренада позициясын бекемдегиси келсе, анда Түркия менен мамилесин жакшыртуусу керек деп эсептейт Орхан Кавунчи.

Өзбекстандын президентинин милдетин аткаруучу Шавкат Мирзиёев коңшу мамлекеттер менен, анын ичинде Кыргызстан менен мамилени жакшыртуу саясатын жүргүзө баштаганы белгилүү.

PS: "Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Тажикстан Рахмондун күнүн белгиледи

Тажикстан президенти Эмомали Рахмон.

Тажикстанда биринчи ирет президенттин күнү белгиленди. Быйыл жазында тажик парламенти 16-ноябрды Президенттин күнү катары жылнаамага киргизген. Ал ортодо Казакстанда президент Нурсултан Назарбаевдин сүрөтү түшүрүлгөн жаңы 10 миң теңгелик банкнот жүгүртүүгө чыкканы турат.

Тажик президентинин күнүнө карата Эмомали Рахмон окуган Хатлон облусунда билим берүү жайларында ачык эшик күнү жарыяланды. Анда президент окуган Дангардагы №7 орто мектеп жана Сарбанд шаарындагы кесиптик-техникалык лицейде окуучулар үчүн атайын саякат уюштурулду.

Бийликтин ишениминде жөнөкөй жумушчудан өлкө башчыга жеткен Рахмондун баскан жолу жаңы муун үчүн тарбиялык мүнөзгө ээ.

Президенттин мектебин көрүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болгон окуучулардын бири Мухаммад Махмадиев “улут лидеринин” өмүр баяны аны шыктандырганын минтип айтты:

- Президентибиз жөнөкөй дыйкандын үй-бүлөсүндө төрөлүп, өскөн. Мектепте жана коомдук иштерде абдан активдүү болгон. Бул саякат маалында мен улуу урматтуу башчыбыздын өмүр баяны менен кеңири тааныша алдым.

Облустун билим жана илим башкармалыгынын төрайымы Хосият Миралиева мындай саамалыкты пайдалуу деп атап, аны кош колдоп колдорун жашырбайт. Анын айтуусунда, аймакта “Президент балдардын көзү менен” деген сынак да жарыяланды.

Булардан тышкары мектепте атайын президенттин музейи да ачылды.

Эмомали Рахмон окуган мектеп.
Эмомали Рахмон окуган мектеп.

Сарбанддагы кесиптик окуу жайга Эмомали Рахмон 1969-жылы өтүп, анда эки жыл билим алган. Кесипке умтулган болочок президент ал кезде 17 жаштагы боз улан эле.

Өлкө лидери менен менен чогуу окуган Хайдар Назаров ал күндөрдү мындайча эскерди:

- Эсимде, кийинки жолугушуулардын биринде Эмомали ошол кездеги милиция жетекчилигине бир окуяны эсине салды. "Мастов мырза, сиз мени бир кезде чаап жибергениңиз эсиңиздеби" деп. Ал киши уяла түштү. Дароо башын жерге салды. Анда президент "Ошондо мени жакшы эле чаап жибериптирсиз, бул мага сабак болду. Андан кийин тентектик кылган жокмун" деп ыраазылыгын билдирди.

Жергиликтүүлөрдүн айтуусунда, лицейде президент айдоочулукка окуган. Ал окуу жайды аяктаган соң Рахмон Коргон-Төбөдөгү май чыгарчу заводдо иштеген. Рахмондун баскан жолундагы мына ушундай үлгүлүү гана окуялар Президент күнүндө Тажикстанда арбын эскерилди.

Тажикстан президенти Эмомали Рахмондун жаш кези.
Тажикстан президенти Эмомали Рахмондун жаш кези.

Өлкөнүн ар тарабында аны даңктап, мамлекет башчысына жалаң гана мактоолор жаңырды. Ал эми бийлик сынчылары муну Рахмондун керт башына сыйынуу өнөктүгү күчөп баратканы катары мүнөздөшөт.

Алардын бири, көз карандысыз журналист Абдуазим Абдуваххоб президентке кошоматчылык чегинен ашып кетти деп эсептейт.

Эмомали Рахмон 1992-жылдын 16-ноябрында Тажикстан парламентинин төрагалыгына шайланган.

Ал кезде өлкөдө жарандык согуш жүрүп жаткан. Бир нече айда бир топ президенттер алмашкан соң бийик кызмат жоюлган. Анын натыйжасында парламент төрагасы Тажикстандагы башкы жетекчиге айланат. 1994-жылы жаңы Конституцияны кабыл алган референдум өтүп, президенттик кызмат калыбына келтирилген. Шайлоодо Эмомали Рахмон жеңишке ээ болот. Ошондон тарта ал өлкөнү жалгыз башкарып келатат.

Бир жыл мурда Эмомали Рахмон өзүн “Тынчтыктын жана улуттук биримдүүлүктүн негиздөөчүсү - Улут көсөмү” деп атоого жол берген мыйзамга кол койгон.

Президенттин сүрөттөрү өлкөдөгү бардык расмий жайларда, көчөлөрдө илинген.

Президенттин уул-кыздары жана жакын туугандары өлкөдөгү маанилүү кызматтарды ээлеп отурашат. Маселен, 29 жаштагы уулу Рустам Эмомали өлкөнүн коррупцияга каршы күрөшүү агенттигин жетектейт. Ал эми кызы Озода президенттик аппараттын башчысы болуу менен бирге Рахмондун квотасынын негизинде сенаторлукка шайланган. Быйыл май айындагы референдум Рахмонго каалашынча шайланууга жол ачты.

Президенттикке талапкерлердин курагы 35 жаштан 30га түшүрүлдү. Муну талдоочулар Рахмондун 29 жаштагы уулу Рустам Эмомалиге бийликти өткөрүп берүү аракети катары сыпаттап жүрүшөт.

Тажикстан президент күнүн майрамдаган Борбор Азия мамлекеттеринин ичинде алгачкы өлкө эмес. Коңшу Казакстанда беш жылдан бери Туңгуч президенттин күнү белгиленип келет.

Ал эми 14-ноябрда бул өлкөдө президент Нурсултан Назарбаевдин сүрөтү түшүрүлгөн жаңы он миң теңгелик банкнот даярдалганы жарыяланды. Улуттук банк жаңы акчаны 1-декабрдан тарта жүгүртүүгө чыгарганы жатат.

Банктын төрагасы Данияр Акишев көз карандысыз Казакстандын тарыхы Назарбаев менен байланышта экенин белгилеп, юбилейлик банкнот президенттин салымын күбөлөрүн билдирди.

Мындан 23 жыл мурда Казакстанда улуттук валюта – теңге жүгүртүгө киргизилген.

Метро курган мигранттар акысын жедирди

Москванын метро курулушунда иштеген мигранттар

Москвада жаңы метро станцияларды курган борбор азиялык мигранттар эмгек акыларын ала албай жатканын айтып, арызданышууда. Алардын арасында кыргызстандык мигранттар да бар. Жумушчуларды иштеткен ортомчу ишкана жоопкерчиликтен качып, ал эми Москванын мэриясына мигранттардын үнү жеткен жок.

Москванын шаардык метросунда курулушта иштеп, үч айдан бери маянасын алалбай жаткан борборазиялыктар Орусиядагы эмгек мигранттардын профсоюзуна кайрылышты.

Руслан Турсунов метронун курулушунда 60тай кыргызстандык иштегенин, эмгек акысын ала албаган кыргызстандыктардын жарым-жартылайы мекенине кайтканын, калганы күнүмдүк иштер менен жан сактап жүргөнүн айтып берди.

- Акчабызды алып калабызбы деген илгери үмүт менен жүрөбүз. 200дөй адам иштегенбиз, ошонун арасында алтымышы кыргызстандык болчу. Айлыкты күтө берип, жарымы Кыргызстанга кетип калды, калгандары күнүмдүк иштерде жүрөбүз. Жумушка орношуп жатканда “эч кабатыр болбогула, баары жайында болот” дешкен. Эми келишимдин негизинде иштегендерге да айлык бербей жатышат.

Айлык албаган мигранттар
Айлык албаган мигранттар

Москвада метронун курулушу түздөн түз шаардык мэрияга караганы менен, ортодо курулуш иштерине мигранттарды жалдап иштеткен ортомчу ишкана болгон.

Орусиядагы эмгек мигранттардын профсоюзунун жетекчиси Ренат Каримов бул маселе боюнча Москва мэриясына жана сотко арыз жазылганын, бирок алигиче эч кандай жооп болбогонун айтты:

- “Глобатек” деген курулуш компаниясы ондогон мигрантты иштетип, июнь-август айлары үчүн эмгек акыларын үч айдан бери бербей келет. Бизге арызданып кайрылгандардын көбү Кыргызстандын жарандары. Орточо эсеп менен ар бири 50 миң рублдан көп акчасын алалбай жатат. Жумуш берүүчү куулук кылып мигранттар менен эмгек келишимин түзбөй, жарандык-укуктук келишим түзгөн. Мындай келишим жумуш берүүчүлөргө жеңилдик берет. Сотто дагы күчү азыраак. Бирок, тоскоолдуктарга карабай биз эмгек акыларын албай калган мигранттарды жумуш берүүчүлөрдөн эмгек акыңарды сот аркылуу талап кылгыла деп үндөшүбүз керек.

Акысын алдырган мигранттар арбыды

Акысын алдырган мигранттар арбыды

Орусияда иштеген кыргызстандык мигранттарга жумуш берүүчүлөрдөн айлык акысын алуу чоң көйгөйгө айланууда.

Каримовдун белгилешинче, Москвада айрым амалкөй жумуш берүүчүлөр борбор азиялык мигранттарды ишке алганда эмгек келишимин түзбөй, жарандык-укуктук келишимдин негизинде жумушка алып, Орусиянын эмгек кодексинде көрсөтүлгөн бир топ милдеттеринен качууда.

Юрист Ыманбек Суранчиев мигрант сотко эмгек келишими менен да, жарандык-укуктук келишим менен да барса болорун белгилейт. Бирок экинчи учурда жумушчунун эмгек укуктары чектелип, эс алуу, дарылануу сыяктуу социалдык шарттар каралбайт.

- Жарандык-укуктук келишим менен деле жумуш берүүчүдөн айлык акыларын сотто талап кылса болот. Бирок кеп анда эмес. Жумуш берүүчүлөр эмгек келишими турса деле, айлыктарын төлөп бербеген учурлар болуп жатпайбы. Кагаз жүзүндө баары бар болсо деле, жумуш берүүчүлөр жоопкерчиликтен качып кетүүдө.

Кыргызстандык мигранттардын Орусияда жумуш берүүчүлөр тарабынан эмгек келишимдин негизинде ишке алынып, эмгек акыларынын өз маалында берилиши – маанилүү көйгөй боюнча калууда.

Москвадагы Кыргызстандын элчилигине январь-август айларында жумуш берүүчүдөн айлык маянаны алып берүү өтүнүчү менен кыргыз жарандарынан 300дөй арыз түшкөн. Анда консулдуктун жардамы менен 12 миллион рублдан ашык каражат мигранттарга алынып берилгени маалымдалган.

Чек ара түйүнү чечилгени калдыбы?

Чек ара

Өзбекстан Тышкы иштер министрлиги акыркы сүйлөшүүлөрдө кыргыз-өзбек чек арасындагы талаштуу 14 тилкенин жетөө боюнча орток пикир табылды деп белгилеп, муну менен эки тараптын карама-каршылыгын пайда кылбаган тилкелердин саны 56 деп маалымдады. Кыргызстан болсо орток пикир табылган аймактар боюнча так маалымат берүүдөн карманууда.

Кыргыз өкмөтү сүйлөшүүлөрдө айрым талаштуу аймактар боюнча эки тараптын сунуштары дал келип, орток пикир табылганын гана учкай маалымдаган. Азырынча талкууланып бүткөн аймактар тууралуу ачык маалымат берилбеси, жаңы жылдын алдында гана кеңири кабарланары айтылууда.

Күрөө тамырга айланган тилкелер

Жалпысынан Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосунда чечиле элек элүүдөн ашуун талаштуу аймак бар. Булардын ичинен эки тарап тең өзүнүн менчиги көргөн тилкелердин башында Орто-Токой суу сактагычы жайгашкан аймак турат.

Суу сактагыч Кыргызстандын аймагында жайгашса да, ага ээлик кылуу тизгинин эки тарап тең бири-бирине ыраа көрбөй келет. Алсак, быйылкы Үңкүр-Тоо чыры, телемунарада иштеген кыргызстандык байланышчылардын 22 күн бою Өзбекстанда кармалып жатышынын негизги себеби – дал ошол Орто-Токой суу сактагычына Өзбекстан милиция кызматкерлерин кое албайт деген кыргыз өкмөтүнүн чечими болгон.

Чек ара кызматынын мурдагы жетекчиси Курманакун Матенов Өзбекстан тарап чек ара маселесин чечүүдө Орто-Токойду негизги күрөө тамыр катары кармап келе жатат деп белгилейт:

- Көп маселелер боюнча өзбек тарап биздин талылуу жерлерди кармап алып, басым кылып келишет. Мисалы, Орто-Токой суу сактагычы. Биз бул жер үчүн эч качан артка кете албайбыз. Анткени, суу сактагыч биздин аймакта, чек ара тилкесинен 12 чакырым ичкериде жайгашкан. Болбой эле аны талаштуу деп, чечпей келе жатышат. Өткөн жылы өкмөт ал жерден өзбекстандык милицияны чыгаруу тууралуу токтом чыгарган, бирок ал токтом менен булар эсептешип да койгон жок. Ошондой күрөө тамыр жерлерди кармап алып, өздөрүнө көп деле маанилүү болбогон аймактарын да Кыргызстандын жакшы жерлерине алмаштырууну көздөп келишти.

Өзбек милициясы Үңкүр-Тоодон чыгып кетти

Өзбек милициясы Үңкүр-Тоодон чыгып кетти

Мамлекеттик чек ара кызматы маалымдагандай, 18-сентябрь күнү Өзбекстан Үңкүр-Тоодогу милиция кызматкерлерин толугу менен чыгарып кетти.

Эки ортодогу талаштуу жер тилкелердин ичинен 24 участок Жалал-Абад облусунун аймагында. Анын ичинен басымдуу бөлүгү Аксы, Ала-Бука райондорунда жайгашкан. Аксы районундагы чек ара чыр-чатактары боюнча эксперт, конфликтолог Абдираим Акматбековдун айтуусунда, ушундай эле Өзбекстан үчүн күрөө тамыр болуп келе жаткан аймак – Үңкүр-Тоо.

Быйылкы жылы Кыргызстандын телемунарасы жайгашкан тоону өзбек тарап бир нече жолу талашып, акыркы жолкусунда куралдуу десанттарын түшүрүүгө чейин барганы белгилүү.

Абдираим Акматбеков өзбек милициясынын Үңкүр-Тоону бошотуп кетүүсүн алар бошотуп берди деп таанууга эрте деген пикирде:

- Десанттары чыгып кетишти, бирок карапайым эл дале ишенбей турат. Анткени, Үңкүр-Тоону өзбектер гректердин белгилүү уламышындагы Ахиллестин согончогундай кылып, талылуу жерге айландырып алышты. Бир нерсе керек болсо, буттан басып тура берет.

Ижарадан ары биротоло...

Серепчилердин баамдаганы боюнча, сүйлөшүүлөр Фергана облусунда жүргөн соң облустун Баткен жана Ош облустары менен чек арасындагы талаштуу аймактар тууралуу болуусу ыктымал.

Анткени, Кадамжай, Баткен, Кара-Суу жана Араван райондорунда коңшулаш Өзбекстан менен талаштуу Барак, Сох анклавдары баштаган Гава, Гавасай колоттору бар. Мындан тышкары, Араван районунда Төө-Моюн айылында талаштуу участоктор бар. Ошондой эле райондун 6885 гектар жери 1995-жылы коңшулардын Мархамат районуна узак мөөнөттүү ижарага берилген, Кара-Суу районунун 110 гектар жери чек арадагы Шархансай каналын түздөө учурунда коңшулардын Коргон-Төбө районуна өтүп кеткен. Бул жерлер боюнча эки тарап эмгиче бир пикирге келе элек. Өзгөн районундагы Кемпир-Абад суу сактагычы да Өзбекстанда Анжиян суу сактагычы деп аталып, эки ортодо талашта.

Сох анклавындагы чек арачылар
Сох анклавындагы чек арачылар

Өзбекстандын Чоңгара жана Сох анклавдары Кыргызстандан 1955-жылы, кийинчерээк Шахимардан анклавы пайда болгон. Сох анклавынын жалпы аянты 325 км2, анклавдагы 19 кыштакта жашаган 60 миңге чукул элдин 99% этникалык тажиктер, 0,72% кыргыздар түзөт.

1991-жылы эгемендик алган соң, Өзбекстан анклавдарына Кыргызстандын жолдору аркылуу эркин кирип-чыгууну камсыздоого жетишти. Бул аралыкта Кыргызстандын Баткен облусунда Сох анклавын айланып өткөн Пүлгөн-Бүргөндү-Баткен жолу курулду.

Үмүттүн шооласы...

Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы чек ара маселеси чечилбей татаалдашып келе жатканына он жылдан ашып калды. Курманакун Матеновдун маалыматы боюнча, өзбек тарап мурдараак келишип, кол коюлган айрым протоколдорун кийинчерээк чакыртып алып, жокко чыгарган учурлар арбын болгон. Ушинтип чек ара маселеси чечилбей келе жатканынан улам, эки өлкөнүн ортосунда түрдүү чыр-чатактар чыгып келген.

26-октябрда өзбек делегациясын Ошто чоң сый менен тосуп алышкан
26-октябрда өзбек делегациясын Ошто чоң сый менен тосуп алышкан

Өзбекстандын мурунку президенти Ислам Каримов көз жумгандан кийин өзбек тарап мамилесин бир аз жумшартып, мурунку кол коюлган протокол-келишимдерди талаштуу жерлер маселесин кайра карап чыгууга макулдугун берген. Август айынан бери жалаң чек ара маселеси боюнча беш жолу сүйлөшүү болду.

Баткендеги чек ара маселелерин, андан чыккан чыр-чатактарды иликтеп иштеген конфликтолог Хаитали Айкынов жыйырма жылдан бери бир пикирге келе албай, аягына чыкпай келе жаткан чек ара маселеси эми чечилет деген үмүттө:

- Чек ара маселелери чечилбегени карапайым элдин гана түйшүгүн арттырып келе жатат. Ошондуктан, бул жолу жаңыдан жандануу менен башталган сүйлөшүүлөрдөн үмүтүбүз чоң. Мамлекеттер аралык комиссиялар саясий чечимдерге барат деген үмүт бар.

Кыргыз-өзбек чек ара маселесин талкуулаган сүйлөшүүлөр жыл аягына чейин дагы эки ирет болоору күтүлүүдө. Өкмөттөн маалымдашкандай, эмки жолугушуу Кыргызстанда болот.

PS: "Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Кытайлар 3400 жыл мурун үлүл жешкен

"Боорго жармашкан үлүл", Аркадий жана Борис Стругацкийлер

Чылымкор робот. Кванттык чекитке негизделген алгачкы дисплей. Кытайлар 3400 жыл мурда эле үлүл жешкенин археологиялык табылга көрсөттү. D витамини жетишпеген адамдарда астмага чалдыгуу коркунучу чоң болот.

Тамекини паровоздой түтөткөн мындай роботту Гарвард университетине тийиштүү борбордун (Wyss Institute for Biologically Inspired Engineering) окумуштуулары жасашты. Мындай робот удаа-удаа чеккен 10 чылымдын түтүнү кыпындай бетинде тирүү клеткалар өстүрүлгөн сенсорго жөнөтүлөт. Береги клеткалар дени соо жана оорукчан адамдардын өпкөсүнөн алып өстүрүлгөн. Илимпоздор сенсордун бетиндеги клеткаларды пайдаланып, тирүү организмге чылымдын түтүнү кандай таасир эткенин изилдеп жүрүшөт. Демейде мындай тажрыйба жандыктарга жүргүзүлөт.

60 чылым чеккен адамдын өпкөсү эмне болот?

Америкалык окумуштуулар чылымкор роботтун жардамы менен өпкөнүн дем алуусун кыйындаткан илдетти изилдемекчи. Дем алуу жолдорундагы абанын агымын азайтып, улам күчөп отуруп дарт өпкөнүн өтө өтүшкөн илдетине жеткирет. (Ал орус тилинде - хроническая обструктивная болезнь лёгких (ХОБЛ), англис тилинде - chronic obstructive pulmonary desease (COPD) деп аталат).

Илдет дарыланбай өрчүй берсе эмфиземага жана өнөкөт бронхитке айланат. Андай ооруга кабылгандар дем ала албай кыйналышат. Бүгүн дүйнө жүзүндө андай дарт менен 65 миллионго жакын адам ооруйт.

“Эми биз чылым чегүүнүн кесепетинен, ошондой эле кээ бир пациенттерде COPD күчөгөндө өпкөдөгү кайсы клеткалардын түрлөрү, клеткалардын фунциялары жана гендер запкы тартарын тыкандык менен билип, анын натыйжасында пациенттин дартынын өзгөчөлүгүн аныктай алабыз”, - дейт Вайс институтунун негиздөөчү директору Дональд Ингбер (Donald Ingber).

Чылымкор робот тамекинин түтүнүн атайын өпкөгө окшоп жасалган микро-респиратордун жардамы менен сорот. Ал электрондук тамекини да чеге алат. Окумуштуулар робот чеккен чылымдын санын каалагандай көбөйтүп же азайта алышат. Бул эксперимент болочокто өпкөнүн түрдүү өнөкөт илдетин дарылоочу дарыларды ойлоп таап, сынактан өткөрүүдөгү алгачкы кадамдардын бири.

(Булагы: https://wyss.harvard.edu, http://www.dailytechinfo.org)

Кванттык чекитке негизделген дисплей

Түштүк кореялык окумуштуулар кванттык чекитке негизделген жогорку сапаттагы экран (дисплей) жасашты. Жаңы технологияны Кореянын Илим жана техника институнун Жун-Сух Пак (Korea Institute of Science and Technology, Joon-Suh Park) жетектеген изилдөөчүлөрү иштеп чыгышты. Алар жарыктын жардамы менен кванттык чекитти материалдын бетине өтө чоң тактыкта жайгаштырчу фотолитографияны, ошондой эле электр зарядын пайдаланып, кванттык чекитти материалдын бетине тегиз жана көлөмү боюнча кезеги менен кат-кат кылып жайгаштырчу технологияны колдонушкан.

Жарым өткөргүч материалдардын жарык бөлчү нанобөлүкчөлөрү же кванттык чекиттер 40 жылдай илгери ойлоп табылган. Бирок өндүрүштө кванттык чекиттерди болочок экрандын бетине тегиз же бири-биринен бирдей аралыкта жайгаштыруунун жеткилең ыкмасы жок эле.

"Биздин табылгабыз жарым өткөргүч приборлорду жасоодогу салттуу технологияны четке сүрбөй туруп, кванттык чекиттерди жайгаштыруунун жана бөлүштүрүүнүн технологиясын жөнөкөйлөштүрөт. Бул кванттык чекиттерге негизделген приборлорду: дисплейлерди, фотосенсорлорду жана күн батареяларын массалык түрдө өндүрүүгө жол ачат деп ишенебиз", - дейт Жун-Сух Пак Phys.org.сайтына берген интервьюда.

Корей илимпоздору жаңы технологиянын мүмкүнчүлүгүн демонстрациялоо маалында кызыл, жашыл, кырмызы жана сары кванттык чекиттерди пайдаланып, 10 чарчы см аянтка "Marilyn Monroe 1967” күйүп турчу билборд жасашты.

Жаңы технология кванттык чекиттүү экрандарды жасаганды арзандатып, аларды мурдагыдан сапаттуу кылат.

(Булагы: http://phys.org, http://pubs.acs.org)

Кытайлар 3400 мурда эле үлүл жешкен

Кытайдын түштүк батышындагы Юньань провинциясында 3400 жыл илгери жашаган эл үлүл менен тамактанган. Муну Юйси шаарынын Шеньи (Xingui) кыштагындагы археологиялык казуулар көрсөттү. Байыркы чалдыбар былтыр июль айында жаңы мектептин курулушу жүрүп жатканда табылган. Эзелки жайда тамдар, мүрзөгө коюлчу эстеликтер, табыттар, күлү бар очоктор (чуңкурлар), жолдор, суу акчу арыктар, чопо идиш-аяктар, таш табактар, мис табактар, үлүлдөрдүн уя-кабыгы сакталып калган экен.

Юньандагы Маданий эстеликтер жана археологиялык изилдөөлөр институтунун археологу Чжу Чжунхуанын (Zhu Zhonghua) билдиришинче, бул жерде үлүлдөрдүн эки түрү болгон. "Алардын бири Юньандын көлдөрү үчүн уникалдуу болгон жана аларды бүгүн табуу кыйын. Экинчиси байыркы заманда (prehistoric times) тамак-ашка жана кооздук үчүн пайдаланылган".

Үлүлдөрдүн үстүңкү ажыраган кабыктары жана чопо түпөктөр кумурсканын уясындай дөбө-дөбө болуп жаткан. "Мындан улам адамдар үлүлүн жеп, кабыгын калтырып койгон деген жыйынтыкка келдик", - дейт илимпоз-археолог.

Байыркы жайда табылган сөөктөрдү атайын изилдөөдөн өткөргөндө алар 3400 жыл эски экенин аныкталган.

"Бул жайда жашаган адамдардын көбү үлүл, балык, краб жана моллюскалар менен жан баккан балыкчылар болгон, - деп улантат Чжу Чжунхуа. - Алар ошондой эле күрүч өстүрүшкөн, бодо мал жана чочко кармашкан, чымчык, бугу жана пилдерге аң улашкан. Адамдар жайкысын төрт чарчы тамдарда, кыш мезгилинде жарымы жер астындагы тамдарда жашаган".

(Булагы: http://news.xinhuanet.com)

D витамини жетишпесе астмага чалдыгуу коркунучу чоң

Пенсильваниядагы Питтсбург университетинин Медицина мектебинин доценти Юе-Ин Хан (Yueh-Ying Han, University of Pittsburgh School of Medicine) жетектеген адистер 18 жаштан 79 жашка чейинки 25 миңден ашык адамды жана 6 жаштан 17 жашка чейинки 9700дөн көп баланы изилдеген соң ушундай тыянакка келишкен. (Изилдөө 2001-2010-жылдарды камтыйт). Алардан “Aстма менен ооругансыңарбы же акыркы бир жылда көкүрөгүңөр кыркыраганын сездиңерби?” деп суралган жана канында канча D витамини бар экени текшерилген.

Изилдөөгө катышкан балдардын 68% жана улуулардын 70% D витамини саламаттыгы чың адамдарга караганда аз, же жетишсиз болгон. 1 миллитр канда 30 нанограмм D витамини болсо нормалдуу деп эсептелет. Астмасы бар адам дем алганда иштечү органдар сыркоологондон улам кысылып, ал энтигип дем алат.

Изилдөө D витамини жетишпеген балдар витаминди жетиштүү алган теңтуштарына салыштырмалуу астма менен 1.35 эсе көп оорушу мүмкүн экенин көрсөткөн. Бирок береги витамин жетишпеген улуу курактагыларда астмага кабылуу коркунучу көбөйбөгөнү менен акыркы жылда көкүрөгү кыркырап, деми кыстыккан. Бала кезинде D витаминин жетиштүү алган улуу курактагыларда мындай проблема катталган эмес.

АКШда 2010-жылы 10 жыл мурункуга салыштырмалуу D витамини жетишсиз адамдардын саны төрттөн үчкө жакын кыскарган. Бул учурда астма менен ооругандар азайган. Буга чейинки изилдөөлөр да кош кат кезинде D витаминин көп жеген энелердин балдары витаминди аз жегендердин балдарына караганда астма менен аз ооруганын көрсөткөн. Астмасы бар балдарда D витамини аз болсо алардын оорусунун симптому D витмини көп балдарга караганда жаман экенин тастыктаган.

Доцент Хан бирок астмасы бар адамдар оорусуна байланыштуу дарылардын ордуна D витаминин колдонбоону эскертет.

Бостон шаарындагы Бригам жана аялдар госпиталынын (Brigham and Women's Hospital) дарыгери, доктор Жоанн Мэнсон (JoAnn Manson) организмдеги ашыкча көп D витамини кандагы кальцийди көбөйтүп, адамды кустурат, ичин катырып заңдын чыгуусун оорлотот, бөйрөктө ташты пайда кылат, жүрөктүн кагышын бузат, же башка проблемаларды жаратышы ыктымал экенин айтат.

(Булагы: http://www.livescience.com, http://www.ap.org, http://www.foxnews.com)

Тажик өкмөтү интернетти өз көзөмөлүнө алды

Тажикстанда улуттук провайдердин базасында Бирдиктүү коммутациялык борбор сыноо тартибинде иштеп баштады.

Бийлик борбордун пайдасын алга сүрөсө, көз карандысыз эксперттер муну интернетти чектөө аракети катары мүнөздөшүүдө.

Өлкөдөгү интернетти көзөмөлдөй турган Бирдиктүү коммутациялык борборго тажик өкмөтү мамлекеттик бюджеттен 50 миллион доллар бөлдү. Мындан ары коңшу өлкөдөгү бардык байланыш кызматтары дал ушул борбор аркылуу гана ишке ашырылат. Расмийлер коммутациялык борбор улуттук коопсуздукту камсыздоо жана экстремизм, терроризм менен натыйжалуу күрөш жүргүзүү үчүн негизделгенин жүйө келтиришти.

Деген менен көз карандысыз эксперттер бул мекеме аркылуу атайын кызматтар өлкөдөгү бардык байланыш каражаттарын өз колуна алууну көздөп жатат деп эскертишүүдө. Буга кошумча мындай борбор сүйлөшүүлөрдү көзөмөлдөп, интернет траффикти текшерүүгө мүмкүнчүлүк берет дешет адистер.

- Тажикстанда тартип коргоо органдарынын үстүнөн парламенттик же коомдук көзөмөл жок. Мындай жагдай кызматтан кыянат пайдаланууга жол ачат. Атайын кызматтын өкүлдөрү соттун чечими жок эле сиздин телефондук сүйлөшүүлөрдү тыңшап, кайсы бир жол менен Фейсбук же Мэйл.Рудагы почтаңызга кириши мүмкүн,-деди көз карандысыз эксперт Шокиржан Хакимов.

“Тажиктелеком” провайдери өлкөдөгү алдыңкы беш компанияга кирбейт.
“Тажиктелеком” провайдери өлкөдөгү алдыңкы беш компанияга кирбейт.

Тажикстандагы интернет провайдерлер биримдиги бул борборду түзүүгө бир гана мамлекеттик “Тажиктелеком” тартылганын маалымдады. Биримдиктин көз карандысыз борбор түзүү сунушу көңүл сыртында калган. Байкоочулардын айтымында, мамлекеттик “Тажиктелеком” провайдери өлкөдөгү алдыңкы беш компанияга кирбейт. Ошол себептен өлкөдөгү байланыштын сапаты да начарлашы мүмкүн. Сөз биримдиктин төрайымы Парвина Ибодовада:

- Бизге бул иш маалыматтык коопсуздук үчүн жасалып жатканын айтып жатышат. Эгер бардык провайдерлерди, бардык мобилдик операторлорду бир түйүнгө байлап койсо, анда кандай пайда жөнүндө сөз кылса болот? Ар кандай кырдаал болушу мүмкүн. Мисалы “Тажиктелекомго” хакердик чабуул жасалса бардыгы жабыркайт. Бүтүндөй өлкө байланышсыз калат.

Коммутациялык борбор иштеп баштагандан бери аз гана убакыт өттү. Андыктан азырынча борбордун пайда-зыянын так айтуу кыйын. Бирок бул борбор өлкөдөгү байланыштын баасын аныктаары белгилүү болууда. Бул мобилдик компаниялар үчүн да, интернет провайдерлер үчүн да жагымсыз жаңылык.

Мындан тышкары Тажикстан сөз эркиндиги чектелген өлкөлөрдүн катарында турат. Буга интернеттеги чектөөлөр кошул-ташыл болбойбу деген түпөйүл ойлор бар.

PS: "Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Бакиевдер Беларуска инвестиция салат

Курманбек Бакиев

Өзбекстан Орусияга жашылча-жемиш экспортун көбөйтүү боюнча жаңы макулдашууларга барууда, Кытайдын ишканалары Түркмөнстанда рынокту ээлеп жатат, жапондор хризантема гүлүнө Нурсултан Назарбаевдин атын ыйгарышты.

Росбалт басылмасы "Кыргызстандын качкын президенти Бакиев балдары менен Беларуста ири долбоорго инвестор болушууда" деп жазат. "Беларустун улуттук биотехнологиялык корпорациясы" деп аталган долбоор 1 миллиард долларга бааланган. "Ушул жылы августта каттоодон өткөн бул корпорация тоют жана ага кошумча заттарды өндүрөт" деп айтылат макалада. Миңдеген жумуш орундарын түзө турган корпорация мамлекеттен бир катар салык жеңилдиктерин алганы, иш мөөнөтү 2032-жылга чейин пландалганы баяндалат. "Бул долбоорго Кыргызстандын мурдагы президенти Курманбек Бакиевдин түздөн-түз тиешеси бар" деп алгач Беларустагы басылмалар жазып чыгышкан.

Өзбекстан Орусияны витамин менен камсыздайт

Регнум агенттиги Орусия менен Өзбекстан жашылча-жемиштерди экспорттоо боюнча жаңы макулдашууларды жактырганын маалымдайт.

Өзбекстан орус базарын көздөп турат

Өзбекстан орус базарын көздөп турат

Былтыр Өзбекстан 13 миллион тонна жашылча, 6 миллион тонна мөмө-жемиш өстүрүп, анын 4,5 миллион тоннасын Орусияда саткан.

Өзбекстандын жашылча-жемиштерин Орусияга өткөрүү боюнча келишимдер топтомуна ноябрда кол коюларын Өзбекстандын премьер-министри Улугбек Розукулов кабарлаган.

Коңшу өлкөнүн айыл чарба продукциясы Орусияга жеңилдетилген бажы жана фитосанитардык көзөмөл менен арзан тарифте темир жол аркылуу жөнөтүлмөкчү. Макалада үстүбүздөгү жылдын биринчи жарымында өзбек айыл чарба продукцияларын Орусияга экспорттоо 10 пайызга көтөрүлгөнү айтылат. Өзбекстан 2020-жылга чейин жашылча-жемиштерди өстүрүүнү эки эсе көбөйтүп, 32 миллион тоннага жеткирүүнү пландаган.

Кытай Түркмөнстанды "кучагына имере" баштады

Тренд порталы "Кытайлык ишканалар түркмөн базарын ээледи" деп жазды. Жалпысынан Түркмөнстанда кырктай ишкана Кытайдын капиталы менен иштеп жатканы, ага кошумча 4 миллиард доллар жана 2 миллиарддан ашуун юанга бааланган жетимишке жакын долбоорлор катталганы маалымдалат.

Кытай ишканалары өлкөдө мунай, телекоммуникация, транспорт, айыл чарба, азык-түлүк, саламаттыкты сактоо жана курулуш тармактарында орун ээлегени белгиленет. Багтыярлык жана Галкыныш газ кендери сыяктуу чоң долбоорлордо дагы Кытай Түркмөнстандын башкы өнөгү болуп калганы айтылат.

Назарбаевдин аты гүлгө ыйгарылды

Газета.ру жапондор хризантема гүлүнүн жаңы түрүнө казак президенти Нурсултан Назарбаевдин атын ыйгарганын жазды.

Нурсултан Назарбаевдин атын алган гүл
Нурсултан Назарбаевдин атын алган гүл

Изуми шаарында хризантеманын жаңы түрү көрсөтүлүп, ага Назарбаевдин аты ыйгарылган. "Эми “Президент Назарбаев” деп аталган бул гүлдүн сабагы жоон, жалбырактары чоң жана желекчелери жалтырап турат" деп сүрөттөлөт.

Жапондордо хризантема - кику деп аталат. Ал бакыт менен даанышмандыктын гүлү экени, император үйүнүн эмблемасында тартылганы жана өлкөнүн расмий символу катары колдонулары макалада белгиленет.

PS: "Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

1916: Улуттук боштондук күрөштүн лидерлеринин бири - Султан Далбай уулу

Борбордук Азиядагы 1916-жылкы улуттук боштондук көтөрүлүштө баатырлык жана лидерлик сапатын көрсөткөндөрдүн бири – Султан Далбай уулу. Эмесе, бул чыгаан инсан тууралуу тарыхчы Жумагул Байдилдеевдин макаласына назар салыңыздар.

Көтөрүлүштү эл жүзөгө ашырган

1916-жылдагы көтөрүлүштүн негизги кыймылдаткыч күчү каратаман эл болгондуктан, «Улуу Үркүн» - элдик боштондук кыймыл деп аталат. Бирок, көтөрүлүш канчалык элдик болбосун, анын чыгышын жана жүрүшүн уюштурган инсандардын, бай-манаптардын түпкү мүдөөлөрү жалпы калайыктын башына кыйын күн түшкөндө карапайым калк менен эл-жердин эркиндиги үчүн күрөштө элдики менен бирге болгон.

Элинин эртеңки келечеги үчүн чечкиндүү күрөштө ар бир айылда жана болуштуктарда чыгаан инсандар алдыга суурулуп чыгып, калк ичинде кадыр-барктуу манаптар жол башчылык кылып, кыйын кырдаалда элине баш көз болушту.

Эл жакшылары – эл башчылары

Андыктан 1916-жылдагы көтөрүлүштү дагы уюштурган кыргыздын белдүү манаптары болушкан. Алар совет мезгилинде бир беткей «эзүүчү бай-манап» деген жарлык менен караланып келишкен. Манаптар башчылык кылгандыгы үчүн калыстыктан тайып, нукура элдик кыймылга тескери баа берүүгө эч кимдин акысы жок экендигин эгемендигибиз энчибизге тийгенден берки тарыхты жаңыча көз карашта изилдөөгө бет алган мурда жашыруун делип келген архивдик маалыматтардын ачыкка чыгышы менен шартталып турат.

1916-жылы Чүй менен Кеминдеги улуттук боштондук көтөрүлүштүн башында турган манаптардын бири - Султан Далбай уулу эле.

Султан Далбай уулу өзү ким болгон?

Тарыхчы Осмонаалы Сыдык уулунун 1914-жылы Уфа шаарындагы «Шарк» басмасынан жарык көргөн «Тарых-и кыргыз шадманийа» (”Шабданга багышталган Кыргыз тарыхы”) [1] китеби аркылуу анын ата-тегине кайрылып өтөлү.

Атакеден - Солтоной, Абылай, Байшүкүр, Жанкиши, Карабек, Таштанбек, Сартай - жети уул.

Атакенин Карабек деген уулунан - Жантай, Телтай, Молтой, Маркозу - төрт уул.

Телтайдан - Шаралдай, андан Далбай, Далбайдан - Султан.

Осмоналы Сыдык уулу ошол 1914-жылкы китепте: “Ал азыр Кичи-Кемин өрөөнүнүн Атаке болуштугунун болушу”, - деп жазат.

Султан Далбай уулунун чоң аталары Телтай менен Шабдан баатырдын атасы Жантай хандын бир тууган болушу анын тектүү манап тукумунан чыгып, эл бийлеген болуш катары калыптанышына шарт түзгөн.

Султандын чоң атасы Шаралдай да элге таанымал, колунда бардар, казак жана башка улуттар менен алака түзгөн адам болгон.

Ошондой эле атасы Далбай Шабдан баатыр менен тең чамалаш болуп, ага-ини катары бирге ойноп, бирге өскөнү эл санжырасында айтылат.

Анын доору тууралуу учкай кеп

Тарыхка кайрылсак, ХIХ кылымдын экинчи жарымында Орусия падышачылыгы Түркстан чөлкөмүн куралдын күчү менен каратып алган соң, оторчулук саясатын ишке ашырууга киришкен. Каратылган жерлерди башкаруу үчүн 1867-жылы Түркстан генерал-губернаторлугу негизделип, ал облустарга, андан үйөздөргө (уезд), алар болуштуктарга (волость) бөлүнгөн.

Султан Далбай уулу жашаган мезгилде Кыргызстан саясий-экономикалык жактан орус падышачылыгына көз каранды болуп, кыргыздардын коомдук-саясий турмушунда уруучулук, көчмөн жашоодогу бытырандычылык, уруулар ортосундагы тирешүүлөр жүрүп, эл билимден, кат-сабаттан кабарсыз эле.

Мына ушундай патриархалдык-жамааттык мамиле өкүм сүрүп турган мезгилде көчмөн элдин башын бириктирип, чачыранды кылбай топтоп башкаруу саясатын жүргүзүлүп, 1867-1868-жылдары «Жети-Суу жана Сыр-Дарья облустарын башкаруу боюнча жоболордун долбоорунун» негизинде Кыргызстанда административдик реформа жүргүзүлүп, айылдар жана болуштуктар түзүлүп, жергиликтүү башкаруу органдарына шайлоо болгон.

Тарыхый маалыматтарда «Жети-Суу жана Сыр-Дарья облустарын башкаруу боюнча жоболордун долбоорунун» 88-беренесинин негизинде болуштук башкаруучу болуп 25 жаштагы, буга чейин соттолбогон, тергөөгө тартылбаган, административдик жаза колдонулбаган жергиликтүү улуттун адамы шайлоо жолу менен 3 жылдык мөөнөткө ал кызматка келген. Мына ушул 1868-жылы Россия империясы тарабынан киргизилген мамлекеттик башкаруунун жаңы аскерий-элдик системасына Султан Далбай уулу түздөн-түз катышып, кыргыз элинин коомдук өзүн-өзү башкаруу системасынын жогорку башчысы болгон болуштук административдик бирдиктин башында турган.

Ошондой эле ал 1897-жылы Атаке болуштунда шайлоого катышып, жеңип чыгып, болуштук башкаруучунун милдетин аткарат.

Жети-Суу облусунун аскер-губернаторунун 1897-жылдын 17-майындагы № 79 буйругу боюнча Пишпек үйөзүнүн Атаке болуштугунун башкаруучусу болуп Султан Далбай уулу 1898-1900-жылдарга дайындалган [2].

Мына ушундай талаптарга жооп берген, улуу менен кичүүгө бирдей мамиле кылып, адамгерчилиги, эки сүйлөбөгөндүгү, боорукерлиги, адамгерчилиги, дүнүйө-мүлккө ачкөздүк кылбагандыгы менен жумурай журтка алынып, Чүй өрөөнүндө урмат-сыйга татыган Султан Далбай уулун эли кастарлап, болуш шайлагандыгы дагы бекеринен эместир.

Көтөрүлүш очогунун жетекчиси

Султан Далбай уулунун эл башкаруучулук, инсандык жана элинин эркиндиги, келечеги үчүн күрөшкөн кашгөй каармандыгы 1916-жылдагы улуттук-боштондук күрөштө даана көрүнгөн (бул көтөрүлүш жеңилгенден кийинки баскыч тарыхта “Улуу Үркүн” деген ат менен калган).

1916-жылдагы улуттук-боштондук кыймылдын эң башкы себеби падышачылыктын оторчулук саясатынын күчөшү болсо, ал эми араң турган элдин кыжырлануусун күчөтүп, ачык күрөшкө чыгуусуна падышанын 1916-жылдын 25-июнундагы Жарлыгы болгондугун тарыхчылар тастыкташат.

Белгилүү тарыхчы Кыяс Молдокасымов бул жарлыкка төмөндөгүдөй түшүндүрмө берип кеткен:

«Түркстан чөлкөмүндөгү жергиликтүү элди аскер иштерине тартуу маселеси 1916-жылы эле чыга калбагандыгы белгилүү. 1910-жылы Түркстан чөлкөмүнүн генерал-губернатору, генерал Самсонов тарабынан бул маселе көтөрүлүп, бирок ички иштер министрлиги аны жактырбай, четке кагат. 1911-жылы ошол эле генерал Самсонов экинчи жолу бул маселени талкууга коюп, бирок сунушу дагы өтпөй калат. Ошентип, бул маселе 6 жыл бою кызуу талкууга алынып, акыры 1916-жылы 25-июнда падышанын Жарлыгы менен жарым жартылай түрдө бекиген. Ал Жарлык араң турган элдин кыжырын келтирип, улуттук-боштондук күрөштүн башталышына шылтоо болуп берген.» [3]

Жашоонун агымы менен кыйналган кыргыз эли үчүн жакшы жашоо келет деген үмүт тилегинин ордуна коомдук жашоо турмуш бузулуп, жерлери тарып, анын натыйжасында малдары жуттан кырылып азайып, жакырданганы аз келгенсип, эр жеткен уулдарын согушка (оорук жумушуна) алышы жергиликтүү элдин акыркы үмүтүнө балта чапкан. Жыйынтыгында Орусия империясынын өзүмчүл саясаты оң таасирин тийгизбестигин түшүнгөн жергиликтүү калк колониялык эзүүгө каршы, боштондук үчүн күрөшкө аттанышат.

Кеминдеги көтөрүлүш очогу

Кыргызстандын түндүгүндөгү көтөрүлүштүн башталышы Кемин өрөөнү менен тыгыз байланышкан.

Улуттук боштонддук көтөрүлүш тууралуу ачык талаадагы оюндан. Кырк-Шейит, Тоң. 05.8.2016.
Улуттук боштонддук көтөрүлүш тууралуу ачык талаадагы оюндан. Кырк-Шейит, Тоң. 05.8.2016.

Тарыхчы Аскар Беделбаев Кемин өрөөнүндөгү көтөрүлүштүн башталышын төмөндөгүдөй маалымдайт. «1916-жылы 3-августта Верный үйөзүндеги Кызылборк болуштугунун, 4-6-августтарда Кастек, Каскелен, Курдай райондорундагы казактар көтөрүлүшкө чыгышкан.

5-август күнү чапрашты казагынан Абды ажы Кеминдеги Коңур жайлоосунда турган Атаке элине көтөрүлүш башталгандыгы тууралуу кабар жеткирген. Бул маалымат ошол эле күнү Кемин өрөөнүндөгү элге толук угулуп, журт башчылары эр азаматтарын баш коштура, көтөрүлүштү баштоого даярданышкан.

6-август күнү Кичи-Кемин өрөөнүндөгү көтөрүлүшчүлөр Болоткандын жетекчилиги менен Россиялык келгиндер отурукташкан Самсоновка (азыркы Боролдой) кыштагына бет алышкан. Аёосуз эзүүдөн жандары ачыган карапайым калк жалпы эле келгиндерди өзүлөрүнүн душмандары катары эсептеп, алардын мал-мүлкүн талай башташкан. Көтөрүлүшчүлөрдүн саны өтө тездик менен өсүп, кагылышуулар күч ала баштаган. Орус келгиндеринин ири кыштагы Самсоновка (Боролдой) камоого алынып, өрөөндүн булуң бурчтарында бал челекчилик, карагайчылык жана жер ченөөчүлүк иштерин жүргүзгөн орустарга кол салышкан. Ошол эле күнү Чүйдү Ысык-Көл менен байланыштырган жолго курулган Желаргы, Тайгак бекеттерин талкалашып, почтоо байланышына пайдаланылган жетимиштей атты олжолошкон. 7-августта Чоң-Кеминде жайгашкан орус кыштагы Новороссийка (азыркы Шабдан айылы) да камоого алынган». [4]

Күбөнүн көзү менен айтылган баян

1916-жылдагы улуттук-боштонтук күрөштүн дагы бир колбашчыларынын бири Ыбырайым Төлө уулу улуттук боштондук көтөрүлүш жана Үркүн тууралуу төмөндөгүдөй эскерет:

«Атаке, Сарыбагыш Мөкүш Шабдан баласы баш болуп Атаке айылынан Султан Далбай баласы, Боромбай Сазан баласы, Калбай Калкан баласы, Белек Солтоной баласы-ушул кишилер баш болуп, үч жүз киши менен Самсоновдук казак-орусту камап, Алматы жолуна жана Кашка жолуна кароол коюп турган. Ошол убакытта Шабдан баатырдын мечитине Жантай балдары, Сарыбагыш элдеринен Калмаакы Байтуума ажы, Чертике Абдрахман болуп жана Кемел Шабдан баласы, Аман Шабдан балдары менен акылдашып кандай амал кылабыз дешти. Төлө ажы «Атаке, Сарыбагыш силерге мен карылык кылып башынан айткамын, тынч тургула деп, тилимди албай чоң козголоң салып алдыңар, эми бат эле көрөсүңөр орустан көргүлүктү» деди. Олтурган кишилер: ырас, Төлө ажынын карылык кылып айткан сөзү деди.

Кемел Шабдан баласы айтты: “Болоор иш болду, чоң ажыдаардын куйругун басып алдык, Николай падыша биздерди бул жерге эч кандай жашатпайт, ушул кезде көл башы, Текес жана Ысык-Көлдүн тескей тарабынын жолдору, ашуулары ачыгыраак жана Ысык-Көл айланасында турган Пржевал үйөзүнө караган бир нече болуш эл, Бугу, Саяк атактуу-ушулар дагы бунт чыгарды деген сөз угулуп турат. Ал анык болсо, аныгын билүүбүз керек да көчүш керек”. Ошол кишилер «Ырас, Кемел Шабдан баатырдын баласынын айтканы» - деди. Калктын башына абдан катуу иштер түшүп турат.» [5]

Орус архивинен маалымат

Орусия Федерациясынын Мамлекеттик архивиндеги полиция департаментинин «1916-жылдагы өзгөчө бөлүмүнүн» документалдык материалдарына таянсак, “Ооганстандагы, Хивадагы, Бухарадагы жана Түркстан чөлкөмүндөгү толкундоолор тууралуу” - «О волнениях в Афганистане, Хиве, Бухаре и Туркестанском крае» [6] аттуу көктөмөдөгү иш кагазда 1916-жылдын декабрында Пишпек, Пржевальск үйөздөрүндөгү боштондук көтөрүлүштүн чыгуу себептери боюнча падышага ротмистр Юнгемейстер тарабынан баяндама жөнөтүлгөн.

Бул архивдик маалыматта далилденгендей, Кемин өрөөнүндө көтөрүлүш башталаары менен Ысык-Көлдүн түндүк жээги аркылуу Мөкүштүн каты чабармандар коштоосунда жөнөтүлгөн.

Кат жеткен жерде көтөрүлүш башталып турган.

Аталган катта : «Малыбайга (Бакачы болуштугу), Талканбайга (Жаныбек болуштугу) ж.б. - Сарыбагыш манаптарынан таазим. Биз козголдук. Арык жана Белек манаптары бул кабар жетээри менен элди көтөргүлө. Биз Баатыр Ажынын, Шабдандын туусу астында Боролдойдо чогулуп жатабыз», - деп айтылган. Каттын аягында 30га жакын мөөр басылган. [7]

10-августта Пишпек үйөзүнүн башчысы (начальниги), подполковник Ф.Г.Рымшевич Жети-Суу облусунун аскер губернатору М.А.Фольбаумга Самсоновка станциясындагы жазалоочу отряд менен көтөрүлүшчүлөрдүн кагылышуусу тууралуу телеграмма жөнөткөн.

Анда 10-августта Атаке, Сарыбагыш, Тынай, Жаныш болуштуктарындагы кыргыздар кыштакты тоноп, куралдуу көтөрүлүш менен адамдарды өлтүрө башташкандыгын жазып, көтөрүлүштү басуу үчүн куралдуу кагылышта 100дөн ашуун кыргыз өлтүрүлгөндүгүн, өзү Самсоновка кыштагында жайгашып, карамагында куралчан 30 солдат гана бар экенин белгилеп, кыргыздар күн сайын чабуул жасап, станцияны атып жатканын айтып, көтөрүлүштү басуу үчүн 200 адамдан турган батальонду, 2 пулемёту менен сураган. Телеграмманын аягында буйрук күтөөрүн, абалдын өтө оор экендигин белгилеп өткөн. [8]

Тарыхчы Белек Солтоноев баяндайт

Салгылашууну өз көзү менен көргөн белгилүү кыргыз окумуштуусу Белек Солтоноевдин маалыматтары боюнча 7-августта атаке, сарбагыш эли Чоң-Кеминдеги орустун малын талап алып, тоодо жана талаада жүргөн бирин-серин мал баккан эгинчи орустарды өлтүргөн. Жол-Булактагы Кардоон менен Аразооттун калганын талап алган.

Тарыхчы Белек Солтоноев (1878 -1937).
Тарыхчы Белек Солтоноев (1878 -1937).

Андан ары алгачкы кыргыз тарыхчысы окуяны төмөндөгүдөй сүрөттөйт:

«Мен ушул күнү мойнумдагы Николайдын знагын үзүп ыргытып жиберип, жанымдагы печатын таштап жана канцеляр кагаздарын сууга салып, кедей-дыйкан, букарага кошулуп, көтөрүлүшкө кошулдум. Бирок пристав аскери менен келип, Жел-Арык, Бөрүбайдагы көтөрүлгөн кыргыздарды кубалаптыр, эми Чоң-Кеминге келип, бузукту басат экен деген сөздү угуп, кокустан келип калса билдирбегеним үчүн мени аттырып жиберет экен деп заявление жазып, Баялы деген жигитти жибердим. Ал кайтадан келбеди. Анын Ак-Бекет, Быстровкалык дыйкандар (крестьяндар) тарабынан өлтүрүлгөнү кийин маалим болду.» [9]

Окуяга өз көзү менен күбө болгон Б.Солтоноевдин бул айткандарын архивдик маалыматтардагы Пишпек үйөзүнүн начальниги Ф.Г.Рымшевичтин Жети-Суу облусунун аскер губернатору А.И.Алексеевге үйөздөгү көтөрүлүштүн жүрүшү жана ага карата көрүлгөн чаралар боюнча 1916-жылы 28-ноябрдагы баяндамасы (рапорту) далилдейт. Ал 7-августта Верный үйөзүнө жөнөтүлгөн Атаке болуштугунун № 10 айылындагы ардактуу кыргыз «Абдулла Баякин өлтүрүлдү» деген маалымат менен бирге көтөрүлүш башталды деп белгилеген. Ошондой эле көтөрүлүш башчылары тууралуу ал төмөндөгүдөй маалымат берет.

«Тут мне сообщили, что в главе движения в Атекинской волости стоял Султан Долбаев, Боромбай Сазанов и Баимбет Боромбаев, а в Сарыбагишевской волости Алагуш Джантаев с сыновьями, что все горы Малой Кебени до Боамского ущелья заняты скопищами киргизов, которые, выставив отдельные пикеты, зорко следят за появлением русских, и при появлении грабят и убивают, позволяя издевательство над мертвыми телами.» [10]

Эки Кеминдеги ири көтөрүлүш очогу

Жогорудагы маалыматтардан дайын болгондой, 1916-жылы август айынын алгачкы он күндүгүндө (6-7-августта) Эки Кеминдин эли колониалдык бийликке, падыша аскерлерине каршы куралдуу күрөшкө чыкканда, айтылуу чоң манап Шабдандын балдары Мөкүш, Кемел, Исамидин, Аман жана ал кездеги болуш Белек Солтоноевдер демилгени колго алып, элдик кыймылга жетекчилик кылышкан, - деп [11] кыргыз тарыхчылары тарабынан айтылып келген.

Ал эми Пишпек үйөзүнүн башчысы, подполковник Ф.Г.Рымшевич бул мезгилдеги көтөрүлүштүн жетекчилери жөнүндө төмөндөгүдөй маалымдайт:

«Тут уже играль первенствующую роль киргиз Атекинской болушти Султан Долбаев, а его приспешниками были Макуш Шабданов и Белек Солтанаев. Они убеждали с помощью мулл киргизов начать форменную войну с русскими, обещая убитым рай. Все решили в случае неудачи скрытся в Китай» [12]

Пишпек үйөзүнүн башчысы, подполковник Рымшевичтин баяндары окуянын курч мүнөздө өтүп, көтөрүлүштүн эң таасирлүү жетекчилеринин бири Султан Далбай уулу болгондугун айгинелейт.

Август айынын алгачкы он күндүгүндө ушул көтөрүлүш башчыларынын күчтүү биримдиги менен Кемин өрөөнүндө элдик көтөрүлүш болуп көрбөгөндөй күч алып, аёосуз эзүүдөн жапа чеккен эл колонизаторлорго каршы жапа тырмак баш көтөргөн.

Мөкүш Шабдан уулу хан жарыяланган

1916-жылы 9-августта Атаке жана Сарыбагыш болуштугундагы эл Чоң-Кеминдеги Шабдандын мечитине кеңешке чогулуп, Мөкүш Шабдан уулун хан көтөрүшкөн. Анын кол алдында Атаке болуштугунан чыккан Алымкул Таабалды уулу (Табалдин) 100 башчысы болсо, [13] Сарыбагыш болуштугунун тургуну Ыбырайым Төлө уулу 25 мергенди баштап Көк-Жондо орустардын мизин кайтарган.

Ал 9-августта Балыкчыга кире бериште 178 мылтыкты, 34 миң окту Пржевальск үйөзүнө тартып бара жаткан арабаларды, орус аскерлеринин жолун тороп, арабалардагы курал-жаракты тартып алганы белгилүү.[14]

Көтөрүлүш башталган алгачкы күндөрдө эле Султан Далбаев, Белек Солтоноевдер элди өзгөчө үндөө менен күрөшкө катуу чыгышкан. Алар «орустарды Ташкентке чейин кууп салуу» урааны менен элге кайрылышкан. Мунун өзү эле көтөрүлүш лиделери падышачылыктын үстөмдүгүнөн, бийлигинен арылып, мамлекеттик эгемендикке жетүүнү көздөшкөндөрү билинип турат.

Үркүн – арга жоктогу чара болгон

Көтөрүлүшчүлөр канчалык буктурма коюп аракет кылышканы менен куралданган орус отрядына туруштук бере алышкан эмес. Ошентсе да, көтөрүлүшкө жетекчилик кылып, окуяны өз көзү менен көргөндөрдүн айтуусунда, Султан Далбай уулу сыяктуу аттуу-баштуу жетекчилер оңой эле орустарга багынбай айбаат кылып, элин кыргындан акыр аягына чейин коргоого аракет кылышкан.

Акыркы амалдары түгөнгөндө гана калк камын ойлоп, көтөрүлүштү жетектеген журт башчылары кеңешип, айласыз журт которууга дуушар болуп, аргасыз Кытайды көздөй качышат.

Кыскача корутунду

Ошентип, бул катаал күрөштө куралы начар кыргыз эли эркиндигине жете албай, чоң жоготууларга, кызыл кыргынга учурады.

Деги эле эң кыйын согуштук тактикасын түшүнгөн стратег аскер башчысы жетектеген күндө да, алардын аракети 1916-жылы ийгиликке жетээри эч мүмкүн эмес эле. Анткени күч-кубаттуу, чоң армиясы бар өлкө үчүн чачыранды, куралы начар, кубаттуу эл аралык шериги жок калкты каратуу кыйла жеңил болду.

Антсе да, боштондук, эркиндик, мамлекеттик эгемендик деп кылымдар бою эңсеп келген кыргыз элинин бул көксөөсү 1916-жылдагы улуттук боштондук көтөрүлүш маалында эгемен хандыкты жарыялоо сыяктуу далаалаттары аркылуу тастыкталган. Бул сыяктуу далаалаттарды улам жаңы түрдө жүзөгө ашырып, акыры, ушул эле XX кылымдын ичинде, кыргыз эли өз эгемен мамлекеттүүлүгүнө жетишкен.

Жыйынтыктап айтканда, 1916-жылдагы улуттук-боштондук күрөштү Султан Далбай уулу сыяктуу кыргыздын таасирлүү журт башчылары баштагандыгы архивдик маалыматтар менен тастыкталды. Бул чыгаан жана патриот инсандын бейнесине болочокто да жакшылап кайрылуубуз, аны даңазалообуз абзел.

Эркиндик, боштондук, эгемендик деп кан какшап кылымдар бою эңсеп келген, ошол тилегине кан төгүүсүз жеткен эл үчүн 1916-жылдагы улуттук-боштондук көтөрүлүш окуясы окуя эч убакта эстен чыккыс, ар убак эскерилип, эсине келтирип туруучу улуу сабак катары улам жаңы муундун жүрөгүнөн түнөк тапса демекчибиз. Андыктан аз деп неге корунабыз, жок деп неге жөн жүрөбүз. Улуу тарыхтын учугун улоо, үзүлгөнүн куроо, архивдик материалдар аркылуу тарыхтын тактыгына жетүү - эми биз сыяктуу жаш илимпоздордун кечиктирилгис милдеттери деп эсептейбиз.

Тарых илимдеринин кандидаты Жумагул Байдилдеев. 21.10.2016.
Тарых илимдеринин кандидаты Жумагул Байдилдеев. 21.10.2016.

Колдонулган адабият тизмеси:

1. КР БМА . Ф.2809. оп.1.д.145.

2. Казакстан БМАсы. Ф.44. Оп.1. сб. 931. Б.10-13.

3. 1916-жыл: Азаттык көтөрүлүшү. - Бишкек: Бийиктик, 2012. 62-бет.

4. Кемин өрөөнүндөгү боштондук күрөш // Рух кенчи. - 2008-ж. - № 7, август.

5. Үркүн. 1916. Тарыхый-даректүү очерктер. – Бишкек, 1993. - 193-бет.

6. РФ Мамлекеттик архиви. Ф.102. Оп.1. д 366.

7. Өзбекстан Республикасынын БМАсы. Ф.и.461. оп.1. сб.1888, 60-бет.

8. Восстание в Средней Азии и Казахстане. Сборник документов. - М., 1960. - С 338.

9. Солтоноев Б. Кыргыз тарыхы: Тарыхый очерктер. - 2-китеп. – Бишкек, 1993. - 98-бет.

10. Восстание в Средней Азии и Казахстане. Сборник документов. - М., 1960. - С 384.

11. 1916-жыл: Азаттык көтөрүлүшү. - Бишкек: Бийиктик, 2012. - 29-бет.

12. Восстание 1916 года в Кыргызстане. Cборник документов. - Бишкек. 2011. - С. 157.

13. Восстание в Средней Азии и Казахстане. Сборник документов. - М., 1960. - С 387.

14. ЦГВИА РФ, Ф.400. оп.; д. 40, л. 321.

Жумагул Байдилдеев,

И. Арабаев атындагы КМУнун доцентинин милдетин аткаруучу,

тарых илимдеринин кандидаты, публицист, журналист.

Чымкенттик ишкер 21 жылга кесилди

Ишкер Тохтар Тулешов

Казакстанда бийликти басып алууга аракеттенген, экстремисттик топту негиздеген деп айыпталган чымкенттик ишкер Тохтар Тулешов 21 жылга эркинен ажыратылды. Астананын аскерий соту 7-ноябрда чыгарган чечимге ылайык, Тулешовдун үй-мүлкү да конфискацияланат.

Соттун чечими менен 21 жылга эркинен ажыратылган Тохтар Тулешов буга чейин алган бардык сыйлык-наамдарынан да ажырады. Алардын арасында “Күрмет” ордени да бар. Өкүмдү судья Ербол Ахметжанов окуду:

- Акыркы чечимге ылайык, Тулешов 21 жылга эркинен ажыратылып, мыйзамсыз жол менен тапкан үй-мүлкү конфискацияга алынсын, өмүр бою жетекчилик кызматтарда иштөө укугунан ажырасын. 41-беренеге ылайык, Тулешовдон полковник аскерий наамы жана “Курмет” мамлекеттик ордени алынсын.

Соттун өкүмү менен баш прокурордун мурдагы орун басары Ильяс Бахтыбаев жети жылга эркинен ажыратылды. Түштүк Казакстан облусунун Ички иштер башкармалыгынын мурдагы башчысы Хибратулла Доскалиев да беш жылга абакка кесилип, үй-мүлкү конфискацияланды. Бул эки адамга Тулешовду колдошкон деген айыптар тагылды.

Кыргыз революциясын эңсеген казак ишкери

Кыргыз революциясын эңсеген казак ишкери

Казак бийлиги сыра магнаты Тохтар Тулешовду Кыргызстандын ыкмасы менен бийликти тартып алууга аракеттенген деп айыптады. Алты айдан бери абакта жаткан казакстандык ишкерге мурда коюлган айыптар өзгөртүлдү.

Тохтар Тулешовдун камалганы тууралуу январь айынын соңунда маалым болгон. Жай башында Казакстандын Улуттук коопсуздук комитети билдиргендей, Тулешов мамлекеттик төңкөрүш уюштурууга аракет кылып, өзү үчүн Казакстандын вице-президенти деген жаңы кызматты негиздөөгө аракет кылган, ал эми кийинчерээк өлкө башына келүүнү көздөгөн. Ал эми Бахтыбаев менен Доскалиев төңкөрүштөн кийин Жогорку Соттун жана ички иштер министринин кызматын ээлөөгө даярданып жатышкан. “Тулешовдун иши” боюнча кылмыш жоопкерчилигине 25 адам тартылды, 300дөй адам күбө катары өттү.

Ошондой эле Улуттук коопсуздук кызматы Тулешов өлкөдө апрель-май айынын башында Казакстандын бир нече шаарларында өткөн жер маселесине байланыштуу митингдерди каржылаган деп шектелгенин билдирген.

Чымкенттеги ири сыра чыгаруучу заводдун кожоюну Тохтар Тулешов “чыңалуунун уюктарын жаратып, каршылык акцияларын жана жапырт башаламандыктарды уюштуруу” менен өлкөдөгү кырдаалды туруксуздаштарыууга аракет кылганын комитеттин өкүлү Руслан Карасев билдирди:

- Тулешовдун айланасындагы жакын адамдардан маалым болгондой, 2015-жылдын соңунда Тулешов ири суммадагы акча менен жер суроолоруна байланыштуу документтер пакетин Атырау шаарынын жашоочуларына берип жиберген. Дал ошол Атырау шаарынын тургундары апрелдеги акциялардын башында турушкан. Тулешовдун жардамчыларынын бири тергөөгө 50 миң долларды өз ыктыяры менен тапшырган. Бул акча дал ушундай акцияларда күтүлбөгөн нерселерге керектелип калышы мүмкүн деген жүйө менен сакталып турган, - деди июнь айында өткөн маалымат жыйында Коопсуздук кызматынын өкүлү Руслан Карасев.

Казакстандын бир катар шаарларында ушул жылдын апрель - май айларында жер сатууга жана чет элдиктерге ижарага берүүгө каршы митингдер өткөн. Мындан соң президент Нурсултан Назарбаев Жер кодексине киргизилген өзгөртүүлөргө 2017-жылга чейин мораторий жарыялап, өкмөткө жер реформасы боюнча комиссия түзүүнү тапшырган.

Жер сатууга каршы пикирин ачык айтып жүргөн ондон ашуун адам камакка алынган. Алардын арасында Атыраудан чыккан активисттер Макс Бокаев менен Талгат Аян да бар. Тохтар Тулешов өткөн айда эки активисттин сотунда күбө катары катышкан. Астанадан видеобайланыш аркылуу чыккан Тулешов жер маселесине байланыштуу айыпталып, камакка алынган Талгат Аян жана Макс Бокаев менен эч качан жолукпаганын айтты.

Активисттер Талгат Аян жана Макс Бокаев
Активисттер Талгат Аян жана Макс Бокаев

Ишкер Талгат Аян менен ортомчулар аркылуу байланышканын, Талгат андан 150 миң доллар сураганын айтты. Тулешов активистке “маалымат жыйындарын, тегерек столдорду, концерттерди уюштуруу үчүн” 100 миң доллар бергенин, бирок ал акча кайда жана эмнеге коротулганы боюнча маалыматы жоктугун билдирди. Ал эми Бокаев менен Аян кимдир бирөөдөн акча алганын четке кагышууда.

Тулешов январь айынын соңунда коопсуздук күчтөрүнүн атайын операциясы маалында Чымкентте кармалган. Ал 2007-жылдан бери “Нур Отан” партиясынын мүчөсү болуп, ар кандай ишкердик менен алектенип келген.

Рахмонду мазактагандар жазаланат

Орусиялык басылмалар апта ичинде Борбор Азия өлкөлөрүнүн президенттерине байланышкан макалаларды көп жазышты.

"РБК" басылмасы Тажикстанда президентке акарат келтиргендер эми кылмыш жообуна тартыла турганын жазды. Эмомали Рахмон өлкө башчысын мазактагандарды кылмыш жообуна тартуу боюнча өкмөттүн токтомуна кол койгон. Эми Тажикстанда президентти мазактагандар беш жылга чейин камакка алынат же ири өлчөмдөгү айыпка жыгылат.

Макалада Рахмон былтыр “улут лидери” деген статуска ээ болгону, президенттик постко каалашынча талапкер боло ала тургандыгы баяндалат. Рахмондун азыркы президенттик мөөнөтү 2020-жылы аяктайт.

"Регнум" маалымат агенттиги Түркмөнстандын президенти сөз эркиндигинин душмандарынын катарын толуктаганын кабарлайт. “Чек арасыз кабарчылар” эл аралык уюму Гурбангулы Бердымухамедовду “басма сөздүн душмандары” деп аталган тизмеге кошкон.

Макалада Бердымухамедов президенттик кызматка келгенден бери эле өлкөдө сөз эркиндиги боюнча ар кандай реформаларды жарыяланып, бирок иш жүзүндө кырдаал эч өзгөрбөгөнү айтылат.

Түркмөнстанда 2013-жылы цензурага бөгөт койгон массалык маалымат каражаттары боюнча мыйзам кабыл алынып, бирок ушул күнгө чейин өлкөдө бир дагы көз карандысыз басылма катталбаганы белгиленет. Басма сөз эркиндиги боюнча дүйнө рейтингинде Түркмөнстан 180 орундун 178-тизмесинде Түндүк Корея жана Эритрея менен катарлаш турары кошумчаланат. Бул “басма сөздүн душмандары” делген тизмеде Владимир Путин, Илхам Алиев, Александр Лукашенко жана Нурсултан Назарбаев да бар.

"РИА Новости" Өзбекстанда президенттин милдетин аткаруучу Шавкат Мирзиёев өлкөдө парламенттик бийликти күчтөндүрөт деп жазат. Тунгуч президент Ислам Каримов көз жумгандан бери өлкө башчынын милдетин аткарып жаткан Мирзиёевди Либерал-демократтар партиясы президенттикке негизги талапкер катары көрсөткөн.

“Олий Мажлисти мамлекеттик бийлик системасында күчтөндүрүп, тышкы жана ички саясатта, аткаруучу бийликти башкарууда ролун жогорулатуу керек” деген Мирзияев. Ошондой эле ал өлкөдө бийликти борбордоштурбай, жер-жерлерге бөлүштүрүү пландары бар экенин да билдирген. Өзбекстанда президенттик шайлоо 4-декабрда өтөт. Учурда президенттикке төрт талапкер көрсөтүлгөн.

"Вести" басылмасы Казакстанда Нурсултан Назарбаев орусча сурагандарга казакча жооп берген кызматкерлерди жумуштан алууну буйруду деп жазат. Алматыдагы иш сапарлары учурунда Назарбаев орусча сурагандарга казакча сүйлөгөн же тескерисинче казакча сурагандарга орусча жооп берген кызматкерлерди жумуштан кетирүү керектигин белгилеген.

Казакстанда билим берүү үч тилде – казак, орус жана англис тилдеринде жүргүзүлүп жатканын Назарбаев өз сөзүндө белгилеп өткөн. “Айрым мамлекеттик кызматкерлери элдин баарын казакча сүйлөткүсү келет. Бирок биз көп улуттуу өлкөбүз – биз бул фактыны кабыл алдык” деген Назарбаев.

ШКУ: он бешинчи жыйын

ШКУнун курамы кеңейет

Бишкек

Бирдиктүү эркин экономикалык аймак түзүү, жолдорду өнүктүрүү, логистикалык борбор куруу, азык-түлүк жана энергетикалык коопсуздук зарылдыгы көтөрүлдү.

Президент Алмазбек Атамбаев 3-ноябрда ШКУга мүчө мамлекеттердин өкмөт башчыларын кабыл алды.

- Мен сиздерди көргөнгө кубанычтамын. Анткени биз баарыбыз бирге эбегейсиз чоң ишти жасап жатабыз. Менимче, бул дүйнөлүк масштабдагы иш – ШКУ канчалык бекем болсо, дүйнө дагы ошончо туруктуу болот, - деди Атамбаев.

Ал ШКУга мүчө болууну каалаган өлкөлөрдүн санынын өсүшү уюмдун бедели барган сайын артып жатканынан кабар берерин белгиледи. Атамбаевдин айтуусунда, Индия менен Пакистанды ШКУга кабыл алуу жөнүндө соӊку чечим уюмдун аброюн арттырууга өбөлгө түзөт.

Президент менен жолугушууга Кыргызстан, Казакстан, Орусия, Тажикстан, Кытайдын өкмөт башчылары, Өзбекстан премьер-министринин биринчи орун басары, мындан тышкары ШКУнун баш катчысы Рашид Алимов катышты.

Орусиянын премьер-министри Дмитрий Медведев жыйында сүйлөп жатып ШКУнун курамы кеңейерин билдирди.

- Пакистан уюмга кирүү менен өз салымын кошуп, ошол эле учурда ШКУнун эрежелерин урматтайт деп ишенем,- деди Медведев.

Ошондой эле 15 жылдан бери иштеп жаткан ШКУда дале болсо бүтө элек экономикалык маселелер көп экенин белгилеп, жолдорду өнүктүрүү, биргелешкен логистикалык борбор түзүү, азык-түлүк жана энергетикалык коопсуздук көйгөйлөрү ыкчам чече турган маселелерге айланганын кошумчалады.

Казакстандын премьер-министри Бакытжан Сагинтаев ШКУда эркин экономикалык аймак түзүүнү сунуштады. Анын айтуусунда, бүгүнкү күндө Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттер арасында жол тутумун оңдоп, Улуу жибек жолун калыбына келтирүү зарылдыгы турат. Мындан тышкары бирдиктүү эркин экономикалык аймактын түзүлүшү соода тармагындагы бардык тоскоолдукту жокко чыгарат. Эркин экономикалык аймак түзүү демилгесин Кытайдын премьери Ли Кэцян да колдоду.

PS: "Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG