Линктер

дүйшөмбү, 22-июль, 2019 Бишкек убактысы 22:54

Борбор Азия

“Дордойдун" ордун "Хоргос" басабы?

“Дордойдун" ордун "Хоргос" басабы?
please wait

No media source currently available

0:00 0:06:02 0:00

Бедюров: Улуу кыргыз жолу уланууда

Алтайдын үлкөн акыны, илимпоз, коомдук ишмер Боронтой Бедюров (солдо) жана "Азаттыктын" кабарчысы Бекташ Шамшиев.

Алтайдын үлкөн акыны, илимпоз, коомдук ишмер Боронтой Бедюров Бишкекте Байдылда Сарногоев атындагы эл аралык сыйлыкка ээ болду. Алтай элдеринин оозеки чыгармачылыгынын үлгүлөрүн чогултуп, улуттук уңгунун түпкү сырларына кызыгып келаткан илимпоз акын Кыргызстанда жүргөн кезинде "Азаттыкка" маек курду.

Ушу тапта Алтай поэзиясы менен адабият илиминин атын чыгарып келаткан Боронтой Бедюровдун ысымы жаамы журтуна, орусиялык китеп окурмандарына жакшы тааныш. Боронтой Бедюров алтай акыны Янги Бедюровдун уулу. Атасынан айырмаланып ал жалаң эле көркөм чыгармачылык эмес, элинин тарыхы, маданияты, салт-санаасына кызыгып, бир топ илимий эмгектерин жарыкка чыгарды. Илимий изилдөөчүлүк менен көркөм чыгармачылыкты эриш-аркак ала жүргөн намыскөй азамат сөз эркиндигине кенен жол ачылгандан кийин мурда-кийин изилденбеген, чагылдырылбаган темаларга кайрылып, Алтайдын өткөнүн жаңы муунга жеткирүүнүн камылгасын көрүүдө.

Кыргызстанга Боронтой Бедюров Байдылда Сарногоев атындагы эл аралык поэзия сыйлыгын алууга келген.

- Байдылда Сарногоевдин поэзиясы мени бул жерге - Мекеним Кыргызстанга чакырып келди. Байдылда Сарногоев атындагы сыйлыкты алуу мен үчүн жөн эле сыймык эмес, чоң жоопкерчилик да. Бул сыйлык көп иштерди жасоого милдеттендирет. Улуу акын тирүүсүндө бийликтин сый-ургалына арзыган эмес. Бул өзү мыйзам ченемдүү эле нерсе. Себеп дегенде, ушундай деңгээлдеги акындар, ойчулдар, өнөр адамдары адатта мезгилден алдыга озуп кетишет. Баары менен бир убакта жашаганы менен, алдыга кетип калышат. Ал эми замандаштары дайыма эле улуулукту, жаңылыкты баалай беришпейт. Жаратмандар дайым эле убагында бааланбайт. Анын кайгысы менен кубанычы, ой-санаасы башкаларды анча деле ойлонтпойт. Тирүү кезинде баркталбай калышы ошондон. Ошол эле мезгилде Байдылда Сарногоев көзүнүн тирүүсүндө эле элдин сүйгүнчүк акыны болгон, ырлары ырдалып турган. Акын үчүн бул эң жогорку сыйдын өзү ушул. Көзү өткөндөн кийин деле чыгармалары окулуп, ырдалып жүрсө мындан өткөн сый барбы?

“Манастан” бийик чыгарма жок. Мына ушул элдик генийде калктын руху, бекем кабатталган тарыхы, миңдеген жылдарды камтыган улуу жолу жатпайбы. Кыргыздар биздин алтай этно-тилдик топтун эн байыркысы, түрк калктарынын улуусу.

Боронтой Бедюровдун чыгармалары Алтайдын азыркы турмушуна арналган, тарыхтын түпкүрүнөн сызылып чыккан элдин тарыхы, өтмүшү, оозеки чыгармачылыктын көөнөргүс үлгүлөрүндө сакталып калган ой берметтери, сөз күчү, кылымдап аспиеттеп багып келген өнөрү жазуу маданияты жайылган доорго жетип, элдин рухий эс сактамы катары чыгууда. Боронтой Бедюров Алтайга белгилүү акындын үй-бүлөсүндө төрөлүп, кичинесинен китеп маданиятына сугарылып, бир боор калкы барктап келаткан эл оозеки чыгармачылыгынын салтында тарбияланган. Сүрөткердин эл алдындагы эмгегин баалап калкы ага Алтай элдери курултайынын эл башы атын берген. Аны алтай тилинде “Алтай халык курултайынын башчысы” деп атайт.

- Бул өзү табигый нерсе, биз баарыбыз элден чыкканбыз. Билинип-билинбеген ичке жиптер аркылуу биз тууган жер, тууган эл, өткөнүбүз менен, биринчи иретте элдин руху менен тыгыз байланышта турабыз. Жазуучу, акын, ырчылар, башка өнөр адамдарынын баары элдик ой сезимди, маданий-рухий мурасты гана алып жүрбөстөн, жаңы дүйнө шартында жаратуучулук милдетти аркалап келатпайбызбы. Биздин адабиятыбызда социалисттик реализм үстөмдүк кылып турган шартта мен бекеринен элдик оозеки чыгармачылыкка кайрылган жокмун. Биздин түбөлүктүү, түпкүлүктүү негиздерибиз а кезде эскинин калдыгы катары бааланып, андан болушунча эртерээк бошонуу зарылдыгы айтылып келбедиби. Салтты жерип, публицисттик-үгүтчүл маанайда, совет адабиятынын корифейлерине окшотуп жазуу талабы коюлуп келбедиби. Ал эми чыныгы элдик чыгармалар фольклорго чыгарылды, чын-чынына келгенде алар фольклор эмес. Терминдин өзү туура эмес, бул элдик маданият, элдик рухтун бийик көкөлөгөн учурунун бир чагылышы. Андан бийик нерсенин болушу кыйын го. Мына “Манастан” бийик чыгарма жок. Мына ушул элдик генийде калктын руху, бекем кабатталган тарыхы, миңдеген жылдарды камтыган улуу жолу жатпайбы. Кыргыздар биздин алтай этно-тилдик топтун эн байыркысы, түрк калктарынын улуусу. Узакка созулган тарых жолунда өзүнүн атын жоготпогон калк. Мен муну сыйлык тапшыруу аземинде да айттым.

Боронтой Бедюровдун поэзиясында Алтай тоолору, аны мекендеген калктардын тарыхы, оош-кыйыш жолдордо чабылып-чачылган улуу элдин жаңы кылымга жеткени, мезгил оошуп, заман өзгөрүлсө да өткөндү унутпоо, байыртан келаткан уңгуну эстен чыгарбай сактоо зарылдыгы такай эскертилет. Душман капыс кирип келерде бешигин карагайга илип, адам жакындатпас азоону алеки саамда ийге келтирип, күлүк минип келечегин сактап калган улуу эненин эрдигин ырдайбы же болбосо элдик учкул сөздөрдүн тереңде катылган маани-мазмунун чечмелейби – булардын баарында автор элдик рухий бийиктикти, байыртан келаткан көчтү улай турган жаңы муундун алдына коюлчу милдеттерди эстен чыгарбоону окурманына эскертүүдөн тажабайт. Акын элдик тилдин каймагы сакталып калган элет жеринде эрезеге жеткенин, анын баары кийинки чыгармачылыгына бекем жерпай болуп бергенине ыраазы болгонун жашырбайт.

Алтайда эл оозеки чыгармачылыгынын салты бекем сакталган. Байыртан келаткан көркөм салтты сактап келаткан адамдарды, аксакалдарды, уруу башчыларын Боронтой Бедюров элдик академиктер катары баалайт. “Мен алардын улуулугун эрезеге жеткенден кийин билдим”, - дейт акын. “Мен бала кездеги аксакалдар, уруу башчылары, булар чын-чынына келгенде академиктер, элдик академиктер. Ошондой кишилерден угуп, билип кийин окумуштуу болушту, илим кандидаттары, докторлору болушту”.

Хакас, Тыва, Жакутия – булардын баары биздин дүйнөбүз. Бул дүйнө түпкүлүгү түрк элдери. Мунун баарын баштагы калыбына келтириш керек эле.

Боронтой Бедюров элдик турмуштун философиясын тереңден аңдоону атасынан үйрөнгөнүн, элдик ырлардын ачкычын таап, окурман сезимин ойгото алчу чыгармалар жалпы журттун арасында жүргөндө жараларын айтуудан тажабайт. “Биз ырчылык маданиятка сугарылган, ошондон азыктанып чыккан маданияттын өкүлүбүз”, - дейт акын.

Элдик уңгуга, өткөнгө кайрылуунун себеп-жөнүн алтайлык акын мындайча түшүндүрөт:

- Мен 20-кылымда жасалма жол менен токтотулуп койгон элимдин рухий маданиятын кайрадан калыбына келтирип жатам. СССР илимдер академиясынын аспирантурасында окуп жүргөн кезимде, бул эми 70-жылдардын аягы 80-жылдардын башы болчу, бул кезде жалгыз эле алтай элдериники эмес көптөгөн элдердин рухий салттары тебеленип-тепселген болчу. Иш жүзүндө жок кылынган эле. Ошондуктан менин алдымда аны поэзия жагынан же илимий жагынан тикелөө эмес, жок кылынганды кайра калыбына келтирүү милдети турган. Мен Алтай элим тууралуу жазылган этнографиялык эмгектерди эринбей окуп чыктым. Алтай дегенде мен кеңири түшүнүктү, кыргыз тил стихиясына кирген опсуз кенен аймакты алып жатам. Хакас, Тыва, Жакутия – булардын баары биздин дүйнөбүз. Бул дүйнө түпкүлүгү түрк элдери. Мунун баарын баштагы калыбына келтириш керек эле. Бала кезимден бери угуп келаткан рухий маданияттын учугун илимий изилдөөгө салып, кош түшүнүктү улаштырдым. Бизде элдик маданий кайра жаралуу жараяны жандана баштаганда мен элиме унутта бараткан рухий маданиятын кайтарып бердим. Бул процесс аябай ыкчам жүрдү. Айылдабы, шаардабы – бардык жерде жашагандарды советтик мезгилде эски салттарын унутууга үндөшкөн, мажбур кылышкан. Атүгүл менден улуу кесиптештерим бул ишке киришип алганымды жактырышпай, эмнеге убактымды бекерге кетирип атканымды айтышкан. Алар менин Алтайдын рухий кайра жаралуусун калыбына келтирүү, жандантуу менен алектенип жатканымды түшүнүшкөн эмес.

Боронтой Бедюров Сибирь элдеринин, анын ичинде шор калкынын учурдагы абалы, жоголуу коркунучуна туш келген саны аз элдердин проблемасына токтолуп, көмүр кен бассейни чыккан жерде жашап келген аз сандуу калктын мындан аркы тагдыры бүдөмүк калганын, анын мисалы катары Кузбасс көмүр кени чыккан жердеги токой калкынын аянычтуу абалына токтолду.

- Соңку эл каттоо боюнча шорлордун саны 12 миң болчу. Алардын саны мурдараак 20 миң экенин билем. 19-кылымдын ортосунда алардын саны биздин элдегидей эле болчу. 20-жылдар, революция, андан кийин улуттук чет жакаларда улуттук түзүмдөр Орусияда, Советтер Союзунда пайда боло баштаганда биз бириге албай калганбыз. Большевиктер Бийск, Кузнецк, Миңсуу үйөзүндөгү Урянхай крайындагы, азыркы Алтай Республикасы, Алтай крайы, Кемеров облусу, Хакасия, Тывадагы түпкүлүктүү калктардын биригишине жол берген эмес. Түпкүлүгү бир, бир элбиз. Чоң кыргызга эң жакын элдер ушулар го.

Ушу тапта түбү бирге элдердин өз ара маданий карым-катышы аз-аздан жанданууда. Мындан алты жыл илгери Боронтой Бедюров алтайлык туугандары менен келип Айкөл Манас жеринде “Алтай – Манас - Талас” коомун негиздөөгө катышып, ортолук карым-катышты күчөтүү ниетин билдирип кайтышкан. Коомдун атынын жөн-жайын Боронтой ага “жайлоодон кыштоого көчүп келүү” деп түшүндүрөт.

- Биз эмнеликтен анчалык алыс көчүшүбүздүн себебин азыр түшүнүп атам. Коркунуч түштүктөн келгенде, мисалы, Искендер Зулкарнайн сындуу каардуу душман келгенде бул жерде жашагандар Сибирге, Алтайга оошкон. Коркунуч чыгыш тараптан чыкканда бул жакка көчүшкөн. Кыргыз деген түрүлүп бир жарым, эки миң жыл ичинде бул жакка жылган. Көчүшкөн, оошкон, жылып жүрүшкөн. Бул биздин баарыбыздын жалпы Мекенибиз.

Ошентип кыйла кылымдардан кийин кыргыз менен Алтайдын карым-катышын, Боронтой Бедюров таамай туюнткандай, “Ала-Тоо, Тянь-Шандан Алтайга кайра улуу Кыргыз жолун калыбына келтирүү” аракети башталды. 18-кылымга чейин Ала-Тоодон Миңсуу ойдуңуна созулган түндүк жолу Улуу Кыргыз жолу деп аталган. Улуу жол эми маданият, билим аркылуу улантылып, түбү бир элдердин карым-катышынын өнүгүшүнө өбөлгө түзүшү керек.

Казак-өзбек катнашы калыңдайбы?

Ислам Каримов жана Нурсултан Назарбаев

Казак президенти Нурсултан Назарбаев жума соңунда Ташкентте эки күндүк расмий сапар менен болду.

Казак президенти Өзбекстандын баш калаасына Иранга жана Түркияга жасаган сапарынан соң келди. 14-апрелдин кечинде аны Ташкент аба майданынан өзбек өкмөт башчысы Шавкат Мирзиёев тосуп алды. Назарбаев жума күнү өзбек президенти Ислам Каримов менен жолугушту.

Достукка сыймыктануу

Ак ордонун басма сөз кызматы казак-өзбек президенттери эки тараптуу соода-экономикалык, суу-энергетикалык, маданий-гуманитардык кызматташтык, аймактык коопсуздук маселелерин талкуулаганын кабарлады.

Сүйлөшүүдө казак президенти Нурсултан Назарбаев эки кошуна өлкөнүн эзелтен берки тарыхый байланыштарына да көңүл бурду:

- Эгемендик жылдарында биз мурдагы алака-катышты сактап гана калбастан дагы жакындаштык. Мен сиз менен дос болгонума жана казак-өзбек элинин достугуна сыймыктанам. Биздин максат - ошол алака-катышты жана ортодогу ишенимди дагы да бекемдеп, аны кийинки муунга өткөрүп берүү. Мен бардык казакстандыктардын атынан өзбек элине өсүп-өнүгүүнү жана ийгиликтерди каалайм.

Өзбек президенти Ислам Каримов Назарбаевдин Ташкентке келишин дүйнөлүк экономикадагы кризистик кырдаалды эске алганда “туура чечимдерди биргелешип издөө боюнча пикир алышуу үчүн” зарыл иш катары мүнөздөдү.

- Биз жашап жаткан азыркыдай күрдөөлдүү кезеңде дал ушундай сапаттар кажет. Нурсултан Назарбаевдин бул сапары азыркыдай жагдайда дурус чечимди биргелешип издөө жолунда пикир алмашуу үчүн да маанилүү. Дүйнөлүк экономикадагы кризис уланууда. Андан эч бир өлкө четте калган жок. Биз туура жол менен жүрүп, багытыбызды дайыма биргелеше аныктап турууну каалайбыз.

Эки лидер мындан тышкары Шанхай кызматташтык уюмунун 23-24-июнда Ташкентте өтүүчү саммитине даярдык иштерин да сөз кылышкан.

"Камбар-Ата менен Рогундун гыйбатчылары чарчатты"

Борбор Азиядагы бул эки өлкөнүн алака-катышы башка кошуна мамлекеттерге караганда, асыресе Өзбекстандын Тажикстан жана Кыргызстан менен мамилелерине салыштырмалуу алда канча дурус экени айтылып жүрөт.

Өзбекстандык публицист Шароф Убайдиллаев “Азаттыктын” өзбек кызматындагы маегинде өзбек-казак алакаларына мындай баа берди:

Камбар-Ата менен Рогун ГЭСтеринде кудум бизге каршы атом бомбасы даярдалып жаткандай дүйнөгө жар салабыз...

- Эми жалпысынан алганда өзбек-казак алакалары көңүлдөгүдөй деп айтуу кыйын. Бирок сырттан караганда мамилебиз ысык, катнашыбыз жакшы. Биз барсак, алар күтөт, алар келсе биз күтөбүз... Эми биз мурдагы, союз учурундагы тажрыйбаларды бир аз эске салып, колдонуп турсак жакшы болмок. Биздин байланыштар эгемендик алган 25 жыл менен эле чектелбейт да. Ага чейин деле СССРдин курамында болсок деле өзбек, казак республикалары бар эле, кошуналык байланыштарыбыз аябай бекем эле. Маселен, бир гана маданият, адабият тармагын алсак, биздин мыкты ырчыларыбыз менен артисттерибизди Казакстанда баары таанып, биз да алардыкын таанып, сыйлап урматтап турар элек. Кийин ошол байланыштардын баары үзүлдү...

Өзбек публицисти ошондой эле расмий Ташкенттин башка кошуналары, Кыргызстан жана Тажикстан менен мамилелерине да токтоло кетти:

- Мен бир нерсеге айраңмын. Маселен, Тажикстанда курулуп жаткан Рогун, Кыргызстандагы Камбар-Ата ГЭСтери тууралуу биздин гезиттерде ар кандай сөздөрдү жазышат. Бир жагынан кыргыздарды, бир жагынан тажиктерди жамандап жаза беришет, жаза беришет... Ошону жазып жаткан аалым, инженер болумуштар жана журналисттер мамлекеттер ортосундагы маселелерди терең билбей, түбүнө жетпей туруп ар кыл булактар аркылуу ар кандай маалыматтарды элге тарата бербеши керек. Кудум Рогун ГЭСинде бизге каршы атом бомбасы даярдалып жаткандай дүйнөгө жар салабыз. Бизде бул маселе боюнча шугулданган дипломатиялык адистерибиз, тиешелүү министрликтерибиз бар го акыры. Алар эмне үчүн иштебейт бул маселеде?

Кыргызстан курганы жаткан Камбар-Ата-1 жана Тажикстанда курулуп жаткан Рогун ГЭСтерине өзбек бийликтери каршы пикирин билдирип келген.

Казак басылмаларынын жазышынча, Назарбаев Ташкентке келер алдында Юнусабад конушунан Казакстан чек арасына жакын турган Черняевка шаарчасына чейинки жолго шашылыш асфальт жеткирилип, ал бир сутка ичинде төшөлгөн жана жолдун эки четине узата дароо гүл отургузулган. Байкоочулар казак президенти Өзбекстандан өлкөсүнө ушул жол аркылуу кайтары белгилүү болгон соң ушундай шашылыш чара көрүлгөн болушу ыктымалдыгын айтышууда.

Казак президенти Нурсултан Назарбаев Ташкентке акыркы жолу 2013-жылы келген. Анда тараптар эки өлкө ортосундагы стратегиялык кызматташтык келишимине кол койгон эле.

Борбор Азияда мураскор таптоо жөрөлгөсү

КМШ президенттери

Тажикстан президентинин кызы, президенттик аткаруучу аппараттын жетекчиси Озода Рахмон парламенттин жогорку палатасына депутаттыкка аттанды. Талдоочулар муну менен ал мураскорлукка дагы бир кадам жакындаганын айтышат.

Тажик президентинин кызы Озода Рахмон парламенттин жогорку палатасы - Милли Мажлис мүчөлүгүнө баш калаа Дүйшөмбүдөгү №4 аймактан көрсөтүлдү. “Азаттыктын” тажик кызматына атын атагысы келбеген бийлик адамы Озода Рахмон бир добуштан сунушталганын айтты.

Аталган округдан Милли Мажлиске шайлоо 29-майда өтөт. Жогорку палата талапкери шаардык жана баш калаадагы төрт райондун депутаттарынын биргелешкен жыйынында шайланат.

Жогорку палата же Милли Мажлистин 25 мүчөсүн жергиликтүү депутаттар тандаса, калган сегизин президент өзү бекитет.

38 жаштагы Озода Рахмон беш баланын энеси. Юридика илимдеринин кандидаты. 2005-жылдан тарта мамлекеттик кызматта. Президенттик аткаруучу аппаратты январдан бери жетектейт. Чет элдик талдоочулар депутаттык орун Озода Рахмонду мураскорлукка дагы бир кадам жакындатарынан шек санашпайт. Ал эми тажикстандыктар болсо буга эбак эле муюп, моюн сунгандай.

Тажикстан президенти Рахмон кызы Озодага "Урмат" орденин тагып жатат, 2015-жыл.
Тажикстан президенти Рахмон кызы Озодага "Урмат" орденин тагып жатат, 2015-жыл.

“Перспектива+” коомдук уюмунун жетекчиси Ойнихол Бобоназарова муну ачык айткандай болду:

- Уулуна салыштырганда кызынын тажрыйбасы көбүрөөк. Ал Тажикстандын АКШдагы элчилигинде, тышкы иштер министринин орун басары кызматында иштеген. Ошондой эле анын жаш курагы да өлкө башчысы болууга жол берет. Саясий сабаты жакшы. Президенттин уулу бул кызмат үчүн өтө жаш. Ал мамлекеттик кызматты ээлеп турганы менен ал жерде лидерлерди тарбиялашпайт. Ошондуктан, менимче президент ордуна кызын даярдоодо.

Сөз болуп жаткан президенттин уулу Рустами Эмомали азыр антикоррупциялык агенттикти жетектейт. Отузга чыга элек. Бирок Тажикстан 22-майда референдум менен Конституцияны өзгөртмөй болууда. Эгер өзгөрсө мурдагыдай 35 эмес, 30 жаштан эле президенттикке койсо болот. Рустами үчүн 2020-жылкы кезектеги шайлоодо буга жол ачылат.

Бирок президент саясий жүрүштү өзгөрткөндөй. Үй-бүлөлүк бийликти сактоодогу тобокелдикти азайтуу максатында ынанымдуу адамын тандашы мүмкүн. “Азаттыктын” Борбор Азия боюнча баяндамачысы Брюс Панниер ушул ойго ыктайт:

- Азыркы борборазиялык лидерлер карып калышты. Алар келечектеги кепилдикти ойлоп атышат. Өлгөндөн кийин да барк-баасы, ысымы жок дегенде бир нече жыл бою урматталып кала беришин эңсешет. Эгер үй-бүлө мүчөсү мамлекет башында турса, бул алардын өлүмүнөн кийин эч ким мурдагыларды жокко чыгарып салбашына кепил болот. Биз муну дүйнөнүн башка өлкөлөрүнөн көргөнбүз.

Илхам Алиев жубайы Мехрибан Алиева менен
Илхам Алиев жубайы Мехрибан Алиева менен

Брюс Панниердин пикирине азербайжандык саясат талдоочу Нотик Жафарли алыс барбай эле өз өлкөсүн мисал келтирди. Азербайжандын азыркы лидери Илхам Алиев да 1995-жылдан тарта депутат, мамлекеттик мунай компаниянын вице-президенти, премьер-министрдин милдетин аткаруучу болгон.

2003-жылы президенттикти атасынан мурастаган. Анын эки кызы саясатка келе элек болсо да, ири бизнес ээлери катары белгилүү. Жакында эле офшордо каткан каражаттары ашкереленип, алардын ишканасы мурдараак Кыргызстанда кен казууга кызыкдар болгону билинди.

Азербайжандык саясат талдоочу Нотик Жафарлинин айтымында, мураскор таптоонун бир кызыкчылыгы байлыкты коргоп калууда жатат:

- Бизнес легитимдүү негизде түзүлбөгөндө сөзсүз ар бир өлкө башындагылар келечекте бийлик башка колго өтүп кетүүсүн каалабайт. Ошол башка бирөөлөр кийин бийликте тургандагы кирешең, мыйзамсыз аракеттериң тууралуу сурак кылбашы үчүн аракет. Тажикстан же Азербайжан сыяктуу режимдерде муну глобалдык камсыздандыруу десе болот. Мураскорлукка карай жол дээрлик бирдей. Кайсы бир кызматтан башталып, анан карьералык өсүш болуп, анан өлкө башчылыгына жетет. Акырындап иш тажрыйбасын арттырып, системаны ичинен таанып, андагы негизги оюнчулар менен таанышып жүрө берет.

Нурали Алиев
Нурали Алиев

Борбор Азиянын башка лидерлери да мураскор таптаганга каршы эмес. Казакстанда президенттин кызы Дарига Назарбаева премьер-министрдин орун басарлыгына чейин иштеди. Анын уулу Нурали Алиевди президенттин ордун басчу киши катары карашууда.

Өзбекстанда мураскор катары сөз болгон Гүлнара Каримованын чуулгандуу каржылык чалмакейлери ачылгандан кийин азыр кайда экени белгисиз.

Кыргызстанда да убагында Аскар Акаевдин уулу менен кызы, Курманбек Бакиевдин балдары менен инилери чоң-чоң кызматтарга коюлуп, аягы ыңкылап менен аяктаган. Азыркы президент Алмазбек Атамбаев болсо мураскор даярдабай турганына ишендирип келет.

Орусия тажик режиссерун депортация кылды

Барзу Абдураззоков

Белгилүү тажик режиссеру Барзу Абдураззоков паспортуна Украина, Түркия жана Грузия мамлекеттеринин мөөрү басылгандына байланыштуу Орусияга кире албады.

Чек арачылар аны аэропортто бир саат кармап турган соң, Тажикстанга депортация кылышкан. Абдураззоков Санкт-Петербург шаарында 5-апрелде башталган “Орусиядагы жолугушуу” театр-фестивалына катышуу үчүн барган болчу.

Барзу Абдураззаков кыргызстандык артисттер менен Бишкектен Москвага жөнөгөн. Андан ары Санкт-Петербургга учушу керек эле. Алар Орусиянын экинчи баш калаасында КМШ жана Балтика мамлекеттеринен келген театр өнөрпоздорунун “Орусиядагы жолугушуу” фестивалына катышмак. Иш-чарага “Маңкурт жөнүндө баян” спектаклин даярдап баратышкан.

- Биз Бишкектен Москвага учтук. “Домодедово” аэропортундагы чек арачылар менин паспортумду аябай көпкө текшеришти. Менин документиме башка мамлекеттерге барып келгенимди бышыктаган мөөрлөр басылган. Арасында Украина, Түркия, Грузия жана Ирандыкы да бар. ФСБ кызматкери паспортумдун нускасын да чыгарып алды. “Түшүнүксүз нерселер” бар экенин айтып, мени бошотпой турушту. Орусиянын Маданият министрлигине чалып, кандай жагдайга туш болгонумду айтсамбы деген да ой келди,- дейт Барзу Абдуразаков.

Бирок министрликке байланышканга мүмкүнчүлүгү болбой, бир сааттан ашуун аэропортто отурганга туура келген. Күч кызматкерлери аны Орусияга кирүүсүнө тыюу салып, “Москва-Куляб” каттамы менен ошол эле күнү Тажикстанга учуруп жиберишкен.

- Фестиваль ачылган күнү мен Дүйшөмбүдө болдум. Биздин команда мен жок эле катыша баштады.

57 жаштагы Барзу Абдураззоков Тажикстанда эмгек сиңирген артист. Ал өлкөсүндө гана эмес, чет элде да таанылган. 2013-жылдан бери Бишкектеги Чыңгыз Айтматовдун атын алып жүргөн орус драма театрында да эмгектенүүдө. Эки ирет “Кыргызстандагы мыкты режиссер” наамын да алган.

Анын Москвага киргизилбегени тууралуу азырынча Орусиянын жалпыга маалымдоо каражаттары үн ката элек. Орусиялык чек арачылар да аны өлкөгө киргизбөөнүн чоо-жайын ачык түшүндүрүшкөн эмес. Андан кийин да кандайдыр бир расмий комментарий берилген жок.

Орусиялык журналист, серепчи Виктория Панфилова режиссердун депортацияланышын туура эмес деп сыпаттап, маданият өкүлдөрү саясий пикир келишпөөчүлүктөрдүн курмандыгы болбоого тийиш деген пикирин “Азаттык” радиосуна билдирди:

- Барзуну мен аябай жакшы билем. Ал эл аралык деңгээлдеги режиссер. Украинага барган болсо, саясий максатта эмес, өз жумушу менен барган. Ал кылмышкер же мыйзам бузган эмгек мигранты эмес. Ал маданияттын адамы. Мен билгенден, ал соңку кездери Кыргызстанда иштеп жүрдү эле. Эми Тажикстанга депортация кылышканын уктум. Бул жакшы эмес. Себеби, ал Тажикстандагы саясий-экономикалык абалга сын көз-караштарын да айткан жайы бар. Тажик бийлиги андайларды жаман көрөт эмеспи. Балким анын Москвадан Тажикстанга жөнөтүлүшү – атайын план болгондур. Негизи маданият өкүлдөрү кандайдыр бир окуяларга көз карашын билдирсе да, аларга чектөө коюп кыйнаган туура эмес.

Ал тапта Барзу Абдураззоков Тажикстанда жаңы паспорт алып жатканын, тез арада жаңы документ колуна тиерин кабарлады.

Соңку кездердеги Москва-Киев, Москва-Анкара тирештеринен улам айрым саясатчылардын, укук коргоочулардын тигил же бул өлкөгө баруусуна кыйынчылык жаралган учурлар болууда. Бирок саясаттан алыс адамдын паспортундагы мөөр үчүн депортацияга туш болгону алгач ирет катталууда.

Баса, Орусия-Украина тиреши башталгандан кийин орусиялык ырчылар Иосиф Кобзон, Валерия, Олег Газманов, Михаил Боярский жана башкалар саясий көз караштарынан улам Киевдин кара тизмесине кирген эле. Анын айынан 2014-жылы Юрмалада өткөн фестивалга бара алышкан эмес.

Тажикстанда өзбек маданий күндөрү өтпөйт

Бишкекте өткөрүлгөн Өзбекстандын маданият күндөрү. 20-февраль, 2015-жыл.

Тажикстанда Өзбекстандын маданият күндөрүн өткөрүү боюнча Дүйшөмбүнүн расмий сунушун Ташкент жоопсуз калтырганы айтылууда. Тажик өкмөтү бул кабарды четке кагып жатат.

Тажик өкмөтү быйыл Дүйшөмбүдө Өзбекстандын маданият күндөрү өтпөй турганын жарыялады. Мурдараак “Азия плюс” агенттиги ишенимдүү булактарга таянып, Ташкент тажик бийлигинин бул жааттагы расмий сунушун жоопсуз калтырганын жазган. Суу, транзит жана башка себептерден улам көп жылдан бери тил табыша албай келаткан Өзбекстан менен Тажикстандын ымаласы былтыр бир аз жылыгандай болду эле.

Өзбекстан Дүйшөмбүдө өзбек маданий күндөрүн өткөрүү боюнча тажик өкмөтүнүн сунушун жоопсуз калтырганы тууралуу кабар кызуу талкууга түшкөн кезде Тажикстандын Маданият министрлигинин Эл аралык мамилелер бөлүмүнүн башчысы Абдугаффор Абдужабборов мындай иш-чара жылдык планга кирбегенин “Азаттык” радиосунун тажик кызматына билдирди:

Бишкекте өткөн Өзбекстандын маданият күндөрүндө тартылган сүрөт. 20-февраль, 2015-жыл.
Бишкекте өткөн Өзбекстандын маданият күндөрүндө тартылган сүрөт. 20-февраль, 2015-жыл.

- Быйылкы планыбызда Индиянын жана Кыргызстандын маданият күндөрүн уюштуруу жазылган. Андан сырткары, Беларус менен Иранда Тажикстандын маданият күндөрү өтөт. Өзбекстанга байланыштуу маселе талкууланган да эмес.

Бул боюнча өзбек тарап эч кандай комментарий бере элек.

Тажикстанда Өзбекстандын маданият күндөрү акыркы жолу 1997-жылы уюштурулган. Ташкент менен Дүйшөмбү ортосундагы ымала сууй баштаган соң коңшулар бул маселеге баш оорутпай калган.

Абдугаффор Абдужабборовдун айтымында, былтыр ноябрда Ташкентте Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө өлкөлөрдүн маданият министрлери жыйынга чогулушкан. Ага Тажикстандан министр Шамсиддин Орузбекзода баштаган делегация да катышкан.

- Эки мамлекет ортосундагы маданий мамилелер маселеси балким келечекте өтө турган эл аралык жыйындарда каралып калар,- дейт Абдугаффор Абдужабборов.

Быйыл 23-24-апрель күндөрү Ташкентте Шанхай кызматташтык уюмунун саммити өтөт. Ага тажик президенти Эмомали Рахмондун да катышуусу күтүлүүдө. Жогорку даражалуу жолугушуулардын алкагында эки мамлекеттин башчылары сүйлөшүү өткөрүшү ыктымал. Серепчилер бул жолугушууда маданий карым-катыш жаатындагы маселелер да талкууланарына үмүт артышат.

Шанхай кызматташтык уюмунун Душанбедеги саммити. Президенттер Каримов жана Рахмон. 2014-жыл.
Шанхай кызматташтык уюмунун Душанбедеги саммити. Президенттер Каримов жана Рахмон. 2014-жыл.

Өзбекстан менен Тажикстан ортосундагы мамиле өткөн кылымдын 90-жылдарынын ортосунда сууй баштаган. “Өзбекстан ислам кыймылы” экстремисттик тобунун согушкерлеринин кол салуусунан соң Ташкент чек араларга бир тараптуу мина орноткон. Ошол кезде киргизилген виза режими дагы эле алынган жок.

Эки мамлекет ортосундагы талаш 2010-жылы Дүйшөмбү өз күчү менен Рогун ГЭСин куруу чечимин кабыл алганда кайра күчөп кетти. Өзбек бийлиги бул ГЭС чөлкөмдө уруш чыгарарын эскертет.

Суу, транзит жана башка себептерге байланыштуу улам-улам тирешип келаткан Ташкент менен Дүйшөмбүнүн мамилеси 2015-жылы бир аз жылыгандай болгон. Былтыр декабрда Тажикстандын баш калаасында эки өлкөнүн Тышкы иштер министрликтери кеңешме да өткөрүп, келечектеги кызматташууну талкуулашкан эле.

Тажикстанда "Президент күнү" белгиленет

Рахмон тууралуу китептер.

Тажик парламентинин төмөнкү палатасы “Президенттин күнүн” белгилөө боюнча өкмөт демилгесин колдоду. Эми тиешелүү мыйзамга өзгөртүү киргизилген соң бул кошуна өлкөнүн жылнамасына дагы бир майрам кошулуп, ал Эмомали Рахмон президенттикке киришкен алгачкы күн - 16-ноябрда белгиленип турат.

Өкмөттүн “Президент күнүн” белгилөө демилгесин тажик парламентинин төмөнкү палатасынын депутаттары 11-апрелде колдоп берди. Бул маселе эми ушул шаршембидеги жыйында добушка коюлуп, депутаттар өлкөдөгү майрам күндөр тууралуу мыйзамга өзгөртүү киргизүүгө макулдук бериши керек.

Тажик парламентинин маалымат кызматы аталган мыйзамдын 2-беренесине жыл сайын өлкөдө 16-ноябрды “Президент күнү” деп белгилөө боюнча өзгөртүү киргизүү каралып жатканын билдирди.

Эмомали Рахмон 1992-жылы дал ушул күнү президенттик кызматка киришкен. “Азаттыктын” тажик кызматынын булагынын айтымында, мыйзамга өзгөртүү киргизүү долбоору Тажикстан президенти, "Улут көсөмү", урматтуу Эмомали Рахмондун мамлекеттүүлүктү бекемдөө, бейпилдик менен биримдикти орнотуу, эл аралык чөйрөдө өлкөнүн кадыр-баркын чыңдоо жолундагы баа жеткис салымын эске алуу менен даярдалган.

“Азаттыктын” тажик кызматынын журналисти Мирзо Салимпур тажик коомунда азыр бул демилгени жактап жаткандар менен катар аны сындагандар да жок эместигин айтат:

- Президенттин жактоочулары Эмомали Рахмон Тажикстан үчүн аябай эмгек сиңирди, өткөн 24 жылда өлкө үчүн абдан жемиштүү иштеди, ошон үчүн ал бийликке келген күндү “Президенттин күнү” деп өзүнчө бөлүп, белгилөөгө татыктуу деп эсептешет. Алар ошондой эле Рахмонду лидерликке тандоо Тажикстандын жыргалчылыгы үчүн зор иш болгон деп санашат. Сынчылар болсо бул Тажикстанда соңку жылдары өр алып бараткан жеке адамга сыйынуунун дагы бир баскычы экенин белгилешүүдө. Алар XXI кылымда ушундай иш болуп жатышы өлкөнү дүйнө коомчулугунун алдында маскара, шылдың кылат деп эсептейт.

Тажик президенти Эмомали Рахмон былтыр жыл соңунда "Тынчтык жана биримдикке негиз салуучу – Журт башы жөнүндөгү” мыйзамга кол коюп, өзүнө “Улут көсөмү” макамы ыйгарылышына макул болгон.

16-беренеден турган бул мыйзамдын 4-беренесинде “Улут көсөмү – Эмомали Рахмон” деп аталган орден жана ушундай эле аталыштагы мамлекеттик сыйлык негиздөө да каралган.

Өлкөдөгү айрым саясатчылар бул кадамды демократияны мазактоо катары баалашкан. Канткен менен оппозицияга карата басым-кысым жана куугунтуктоолордон улам тажик коомчулугунда азыр бийликтин соңку кадамдарын ачык сындагандар жокко эсе.

Тажик парламенти Конституцияга өзгөртүү киргизүү боюнча жалпы элдик референдумду 22-майга белгилеген. Бул өзгөртүүлөр Эмомали Рахмонго “Улут көсөмү” катары кийинки президенттик шайлоого чектөөсүз катышуусуна жол ачат. Азыркы Конституциянын талабына ылайык, ал 2020-жылкы шайлоого катыша албайт.

64 жашка караган Эмомали Рахмон бул кошуна өлкөнү бийлеп жатканына чейрек кылымга жакындап калды. Бийликтеги карьерасын 1988-жылы Дангара районундагы Ленин атындагы совхоздун деректирлигинен баштаган Эмомали Рахмон Тажикстанды 1992-жылдан бери башкарып келатат.

Тажикстан бирок “Президент күнүн” белгилеп жаткан Борбор Азиядагы жалгыз өлкө эмес. Маселен, Казакстан 5 жылдан бери 1-декабрды өлкөнүн алгачкы президентинин күнү катары белгилеп келатат. Бул кошуна өлкө 1991-жылдын 1-декабрында туңгуч президентин шайлаган эле.

Назарбаев шайлоодон кийин үч өлкөнү кыдырат

Казакстан президенти Ирандын жетекчиси менен.

Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев 15-апрелге чейин созула турган сапарында Иран, Түркия жана Өзбекстанда болот.

Казакстандагы парламенттик шайлоодон кийинки чет өлкөлөргө биринчи сапарын президент Нурсултан Назарбаев 11-апрелде баштады. Ал бул күнү Тегеранга келди. Иран президенти Хасан Роуханинин чакыруусу менен башталган сапар эки күнгө созулат. Тегеранда сүйлөшүүдө эки лидер соода-экономикалык, коопсуздук маселелерин талкуулап, кыркка жакын документке кол коё турганы кабарланды.

Казакстан менен Ирандын экономикалык кызматташуусу бир топ орчундуу жана тараптар аны илгерилетүү үчүн умтулууда. Өзгөчө Иранга киргизилген санкциялар алып салынгандан кийин Астана менен Тегеран жакын өнөктөштүк жөнүндө сөз кылууда. Анын үстүнө эки мамлекет Каспий жээгиндеги мамлекеттердин катарында турат.

Казакстан маалымат каражаттарынын маалыматы боюнча, өткөн жылы эки өлкөнүн соодасынын көлөмү 650 млн. долларды түзгөн. Ал негизинен Казакстандын Иранга экспорту. Астана Иранга дан, түтүк жана жер семирткич жөнөтөт.

2014-жылы Хасан Роуханинин Казакстанга сапарында Иран жана Казакстан тышкы сооданын көлөмүн жакынкы келечекте 4 млрд. долларга жеткирүүнү көздөшкөнү кабарланган.

Эки мамлекеттин соода-экономикалык кызматташуусу өйдөлөө жолунда дейт казакстандык саясат таануучу Досым Сатпаев. Анын ырасташынча, Астана Ирандын Шанхай кызматташуу уюмуна кирүүсүнө жардам бериши ыктымал:

Досым Сатпаев, саясий талдоочу.
Досым Сатпаев, саясий талдоочу.

- Саясий жактан алганда Казакстан Шанхай кызматташуу уюмунда Ирандын кызыкчылыгын сүрөй алат. Анын үстүнө эки мамлекеттин мамилеси акыркы мезгилде тыгыз жана өнөктөштүк мүнөзгө ээ болду. Казакстанда Ирандын өзөктүк маселеси боюнча жыйындар өткөрүлгөн. Аймактык коопсуздук боюнча эки өлкө бир пикирде келатат. Бир гана Каспий боюнча эки башка пикир бар. Санкциялар алынгандан кийин Ирандын Шанхай кызматташтык уюму менен кызматташуусуна жол ачылууда.

Сатпаевдин айтуусунда, Нурсултан Назарбаевдин сапарынын максаты Казакстан товарларын Иранга чыгаруу жана кризис шартында ал жактан инвестиция тартуу.

Казак президенти Ирандан кийин Түркияга багыт алат. Ал жерде президент Режеп Тайип Эрдоган менен жолугушат. Андан сырткары Ислам кызматташтык уюмунун 13-саммитине катышат. Казакстан менен Түркия маанилүү өнөктөр. Ал жерде Нурсултан Назарбаев кризисте турган түрк-орус мамилесин жөнгө салууда ортомчу болуу аракетин улантат дейт Сатпаев:

- Анткени ал жаңжал Казакстандын экономикалык кызыкчылыктарына катуу сокку урууда. Орусиянын санкциясына байланыштуу түрк товарлары Орусияны айланып, Азербайжан, Каспий аркылуу келип жатат. Бул товарлардын кымбатташына алып келүүдө. Түркияда аймактык коопсуздук жана экономикалык кызматташуу каралат. Бул маселелер адатта чогуу талкууланат.

Экономикалык кризиске байланыштуу Казакстан менен Түркиянын соодасы кыскарган. 2014-жылдын жыйынтыгы боюнча 3 млрд. 400 млн долларды түзгөн. Эки өлкөнүн соода көлөмүн 10 млрд. долларга жеткиребиз деген максат койгон.

Түркиядан кийинки Нурсултан Назарбаевдин сапары Өзбекстанда уланат. 15-апрелде Ташкенде Ислам Каримов менен сүйлөшүү өткөрөт. Досым Сатпаевдин пикиринде, Орто Азиядагы эки ири мамлекеттин лидерлери региондогу суу маселесин сүйлөшөт. Анткени Казакстан, Өзбекстан жана Түркмөнстанды суу тартыштыгы көп тынчсыздандырууда. Ислам Каримов Астанага сапары учурунда региондо суу үчүн согуш чыгышы мүмкүндүгүн эскерткен.

Ислам Каримов үчүн суу көйгөйү эң башкы маселе болуп турат. Бул Казакстан менен Өзбекстанды жакындаштырууда.

Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосунда курчуп кеткен абалды Ислам Каримов көтөрүшүнө күмөн санаарын белгилеген Сатпаев, Ислам Каримов аны ички иши катары атап коюшу ыктымал деди.

Казакстан менен Өзбекстандын соода-экономикалык байланышы солгун бойдон калганын казакстандык талдоочулар белгилеп жатышат. Бул Өзбекстандын жабык бойдон калышына да байланыштуу.

Толгонай Умбеталиева: Кыргыз парламентинде толук бийлик жок

Толгонай Умбеталиева

Кыргызстан парламенттик башкарууга өткөндөн бери Жогорку Кеңешке эки жолу шайлоо өттү. Саясат чордонундагы бул институт күтүлгөндөй иштеп жатабы?

Кыргыз парламентине сырттан кандай баа берилет? "Борбор Азиядагы демократияны өнүктүрүү" фондунун башкы директору, казакстандык саясат талдоочу Толгонай Умбеталиева менен маек курдук.

Парламенттик демократия өзүн актады

"Азаттык": Толгонай айым, 2010-жылкы ыңкылаптан кийин Кыргызстан үй-бүлөлүк бийлик өкүм сүрбөсүн, чыныгы демократиялык башкаруу орносун деген максатта парламенттик системага өттү эле. Коңшуларыңыздын ошол максаттары акталдыбы, Алматыдан карап, сереп салганда сизге кандай байкалат?

Толгонай Умбеталиева: Менимче, ал максаттар акталды. Анткени, парламенттик республика болгондон кийин мурда болуп келген радикалдуу каршылыктар азайды. Биз Акаев, андан кийинки президент Бакиев эмне болгонун билебиз. Менимче, азыр парламенттик түзүм Кыргызстандын социалдык-саясий коомчулугуна бири-бири менен сүйлөшө алууга шарт түзүп жатат. Эл да өз кызыкчылыктары, маселелери чечилип жатканын көрүп атат. Ушул жагынан алып караганда акталды десем болот.

Экинчи жагынан, парламенттик система саясий партияларды күчтөндүрүп жатат. Кээ бир партиялар ирилешүүдө. Алар саясатта көбүрөөк олуттуу боло башташты. Көчөдөгү каршылык аракеттеринен кете башташты. Ал эми мурда көчө лидерлерине профессионалдык сапаттар өзгөчө деле зарыл эмес эле. Эми анык бир кесипкөйлүк деңгээл пайда боло баштады. Курал-жараксыз, чыр-чатаксыз сүйлөшө алууга жетишти. Менимче, бул чоң ийгилик.

"Азаттык": Кыргызстанда парламент президентке жана башка саясий күчтөргө көз каранды болуп, өз нукура функциясын аткара албай жатат деген сыр арбын. Муну менен кыргыз парламентине ишеним азайып баратат деген ой-пикирлер да бар.

Толгонай Умбеталиева: ​Бул жерде биринчи чечимди талдаш керек. Ошол сүйлөшүүдөн кийин кандай чечимдер кабыл алынып жатканын кароо зарыл. Эгер кабыл алынган чечимде эл кызыкчылыгы алдыда турса, бийликтин чечимин коомчулуктун оюна карай өзгөртө алса, анда мындай консенсус жакшы. Эгер бийликтин позициясы үстөмдүк кылса, анда парламент көзөмөл алдында десек болот.

Тышкы саясат боюнча элдин таасирин азырынча көрбөй турам. Бул жерде бийликте турган саясий топтун таасири артык болуп турат. Бирок мындан коомдук пикирге өтө кайчылаш пикирди да көрбөй турам. Мисалы, кыргыз-өзбек чек ара чатагы боюнча айтсак, анда президенттин айтканы кайсы бир деңгээлде элдин пикирин чагылдырып жатат. Бирок маселе Кыргызстанда эл, парламент дегеле тышкы саясатты аныктоодо канчалык таасир этет дегенде. Мен парламенттин тышкы саясатты аныктоого кошкон салымын, бул жаатта постсоветтик парламенттерден айырмасын азырынча көрбөй турам. Чын-чынында тышкы саясат эл өкүлдөрү, коомчулук тарабынан талкууланып, ким менен кандай интеграция жасоо талданып турушу керек.

Оппозиция салмагын жоготууда

"Азаттык": Кыргызстанда жаңы системаны түзүшкөндө, сиз айткандай, мурдагы көчө оппозициясы эми парламентте болсун деп, атайын мыйзамдык эрежелер киргизилген. Парламентте оппозициябыз деген фракциялар ооз ачпайт деп, алардын ишине ичи чыкпагандар толтура болуп жатпайбы?

Толгонай Умбеталиева: ​Албетте, бул жакшы көрүнүш эмес. Коомчулук үчүн оппозициянын жогу жакшы сигнал эмес. Өзгөчө парламенттик системада каршы тура алган күч болушу керек. Ал бийликти сындап эле тим болбой, чечимдер үчүн күрөшүүсү керек. Өз электоратынын кызыкчылыгындагы чечимди талашышы керек.

Мен кандайдыр бир маанилүү маселелерде оппозиция пайда болуп жатканын көрүп атам. Президент өз чечимин дайыма эле бекиттирип ала албай, артка чегинген жагдайларды деле көрүп турабыз. Ошол эле учурда партиялар реакция кылбаган маселелер бар. Ал жерде кайра эле президенттин үстөмдүгү болуп жатканын көрүүгө болот. Кайсы бир учурларда оппозициянын, жарандык коомдун күрөшкөнүн, күчүн көрүп атабыз. А башка учурларда жөн эле көлөкөдө калып кетип атат. Мына ушундан өтө таасирдүү эместей натыйжа пайда болууда. Оппозиция салмагын жоготууда. Кыргызстандын оппозициясынын алсыздыгы мына ушунда болуп жатат. Өз позициясын бардык маселелерде айтпай, чоң-чоң окуяларда, же өз кызыкчылыктары басмырланганда гана чыга калганы муну көрсөтөт.

"Азаттык": 2010-жылы шайлоодо акчалуулар менен таасирдүүлөр тез арада партия түзүп, шайлоодо жеңип чыкканда бул системанын кемчилиги, бара-бара түзөлөт дегени ишеним бар эле. Тилекке каршы мындай нерсе өткөн күздөгү шайлоодо кайра кайтланды. Бул кыргыз парламентаризминин беделине доо кетирип жаткандай сезилбейби?

Толгонай Умбеталиева: ​Кыргыз эли көп маселелерге сезимтал экенин эске алганда, депутаттар байлыгына карабай эл кызыкчылыгын талашса, сөзсүз эмки шайлоодо да өтөт. Бул жерде акча деле роль ойнобойт. Кыргызстанда жагдай башкачараак, эгер парламент начар иштей турган болсо акчасына карабай эмки шайлоодо өтпөйт. Ошон үчүн коомчулук андай депутаттарды шайлайт деп ойлобойм. Азыр жөн гана кандай иштерин байкоо үчүн сыноо мөөнөтүн берди деп ойлойм. Алар кайсы бир деңгээлде ток болгон үчүн ансыз деле чакан бюджеттен уурдабайт деген да үмүт бар. Эгер ушул үмүттөр акталса анда байы келеби, башкасы келеби, маанилүү ролду ойнобойт. Алардын маселени натыйжалуу чечкени маанилүү. Улуттук, аймактык, этникалык кызыкчылыктарга төп келгени маанилүү. Ушул кызыкчылыктар сакталып, эффективдүү иштесе эмнеге болбосун.

Президенттин ою чечүүчү болот

"Азаттык": Ушул тапта премьер-министр кызматтан кетет деген маалымат айтылууда. Премьр-министрди дайындоо парламенттин түздөн-түз иши. Кыргыз өкмөт башчынын иштен кетишин парламент эмес, президент чечет, башкача айтканда парламенттеги өз фракциясы аркылуу ишке ашырары кеңири айтылууда. Демек, кыргыз парламенти президенттин таасиринде кайлагандай сезилбейби?

Толгонай Умбеталиева: ​Эгер парламентте президенттин партиясы болсо, албетте, лидеринин пикирин эске алат. Ошондуктан, мен мында парламент үчүн президенттин таасири, ою чечүүчү деп ойлойм. Эгер андай болбогондо премьер-министр да өз кызматы үчүн күрөшмөк. Бирок Кыргызстанда толук парламенттик бийлик жок. Чын-чынында президенттик-парламенттик башкаруу. Эгер андай болбогондо премьер-министр да таламын талашып көрмөк.

Казактарга кыргыз парламентине жетиш үчүн узак жол басуу керек

"Азаттык": Казакстанда парламенттик шайлоо өтүп, жаңы эл өкүлдөрү келди. Казак парламентинин функциясы эмнеде күчтүү, эмнеде солгун?

Толгонай Умбеталиева: ​Биринчиден, өкмөттү түзүүдө биздин парламент эч кандай роль ойнобойт. Өкмөттү президент түзүп, депутаттар номиналдуу гана добуш берип коюшат. Албетте, биздин парламентте да көп ыйгарым укуктар бар, шайлоо кампаниясын, парламентке президенттин макулдугу менен гана депутаттардын келгенин эске алганда, алар башкы кишиге каршы чыга албайт. Биз кээде казак парламентин президенттин администрациясы деп тамашалап коебуз. Башкача айтканда, президенттин чечимдерин мыйзамдаштырган экинчи канцеляриясы. Ал эми кыргыз парламентинде жандуу, реалдуу партиялар бар, кандайдыр бир талашып-тартыш жүрөт. Саясий кейпи Европадагыдай болбосо да постсоветтик чөлкөмдө кыргыз парламенти көбүрөөк салмактуу жана карылуу. Ал эми Казакстанда парламент түздөн-түз президенттин айтканын кылат. Ал эми шайлоо декоративдүү гана. Ошон үчүн айырма абдан чоң, казактарга кыргыз парламентине жетиш үчүн узак жол басуу керек.

Жумалы: "Панама-гейтке" казак коому үн катпайт

​​​Расул Жумалы

Казакстан президентинин үй-бүлөсүнүн чексиз байлыктары тууралуу уламыштар арбын. Ал үй-бүлөнүн бир мүчөсү офшордук кызмат көрсөткөн “Мосcак Фонсека” менен иштегени маалым болду.

Бир нече жыл мурун байлыгы 200 миллион долларга жетет деп эсептелген Назарбаевдин небереси Нурали Алиев яхта сатуу менен алектенген Baltimore Alliance Inc. компаниясынын ээлеринин бири экени аныкталды.

Астана шаарынын мэринин орун басары болгон, Назарбаевдин мураскери катары да аталып жүргөн Алиевге байланыштуу жаңылык Казакстанда кандай кабыл алынды? Казакстандык саясат талдоочу Расул Жумалы "Азаттыкка" маек курду.

"Азаттык": Нурали Алиевдин “Панама-гейтте” аты аталышына казак коомчулугу кандай реакция кылды?

Казакстанда бийликке жакын адамдар, топтор укмуштуудай байып кеткени белгилүү. Ал байлыгын Казакстанда эмес, сыртка чыгарууга ашыгат. Бул 90-жылдардан бери келаткан тажрыйба.

Расул Жумалы: ​Реакция, кандайдыр бир толгонуу Казакстанда болгон жок. Бул таңкалычтуу деле эмес. Бирок мындай кайдыгерлик өкүнтөт. 10-20 жыл жемкорлукка аралашып жашап келаткан, демократиясы жок эл буга көнүп бүткөн.

"Азаттык": Жергиликтүү же бийликке баш ийген маалымат каражаттарында да таптакыр айтылган жок окшойт?

Расул Жумалы: Ооба, мүмкүн болушунча байкабоого, көрбөөгө тырышты. Эми алардын өздөрүнүн ички цензурасы бар. Чагылдырууга тыюу салынган нерселери бар.

"Азаттык": Алиев президент Назарбаевдин небереси экени, жаш туруп эле ашкере байлык топтошу, алардын офшордон чыгып жатышы мунун артында президенттин карааны турат дегенди туюндурабы?

Расул Жумалы: Менимче, эл башынын түз тапшырмасы жок чыгаар. Бул жана айткандай, жылдап катмарланган коррупциялык көрүнүш. Коомчулук мындай ченемсиз каражаттардын кайдан алынып, кайдан пайда болуп жатканынан кабардар. Аны көбү билет. Бирок ачык айтууга, талкуулоого эрки жок. Себеби, коомдогу коркунуч, репрессиялардан сестенүү сыяктуу маселелер бар. Ошондуктан катардагы адам болобу же бийликтеги кишиби билип турса да үн катпайт. Коркот.

"Азаттык": Нурали Алиевди президенттик тактынын мураскери атап жүрүшөт. Ушундай маалыматтардан кийин Назарбаев буга кандайдыр чара көрүшү мүмкүнбү?

15 миллион жашоочусу бар Москвада бирин-экин гана адам Кызыл аянтта пикет жасагандай болду. Калганы жымжырт. Авторитардык коомдун аянычтуу жагдайы ушул.

Расул Жумалы: Менимче, эч кандай көңүл бурбайт. Себеби, бул биринчи жагдай эмес. Сырттагы түрдүү банктык эсептер, алардын тек-жайы тууралуу күдүк пикирлер Казакстанда жыл өткөн сайын эле пайда болот. Беш, он жыл мурда мындай нерселер көтөрүлгөн. Алардын ичинде Нурали Алиевдин акесине, апасына, агасына байланыштуу маселелер көтөрүлгөн. Бирок андан кандайдыр бир чечимдер, чаралар көрүлгөнүн байкаганыбыз жок.

"Азаттык": Офшордо ушундай маалыматтар көп экени айтылат. Анын ичинде борборазиялык аткаминерлердин ысымдары дагы аталары күтүлүүдө. Кандай деп ойлойсуз, казакстандыктар же президенттин айланасындагы адамдарга байланыштуу дагы чыгышы мүмкүнбү?

Расул Жумалы: Мүмкүн. Айтып кеткендей, буга чейинки жылдары да көп болгон. “Казак-гейттен” баштап канча былык чыкты. Казакстанда бийликке жакын адамдар, топтор укмуштуудай байып кеткени белгилүү. Ал байлыгын Казакстанда эмес, сыртка чыгарууга ашыгат. Бул 90-жылдардан бери келаткан тажрыйба. Демократиясынын чамасы чак, коомунун аң-сезими уйкудагы мамлекеттердин шору бул.

Панама боюнча маалымат жалгыз эле Казакстанда эмес, Азербайжанда да чыкты. Эч ким унчукпады. Орусия да аралашты. 15 миллион жашоочусу бар Москвада бирин-экин гана адам Кызыл аянтта пикет жасагандай болду. Калганы жымжырт. Авторитардык коомдун аянычтуу жагдайы ушул. Бул бүгүнкү чындык.

"Панама-гейтке" казак коому кайдыгер

Нурсултан Назарбаевдин небереси - Нурали Алиев

Арам акчаны адалдаган аттуу-баштуулар жөнүндөгү “Панама-гейт” баяндамасында президент Нурсултан Назарбаевдин небересинин аты аталганы менен Казакстанда бул маалымат элди көңүлкош калтыргандай.

Дүйнөнү дүңгүрөткөн “Панама-гейт” баяндамасынан соң бир канча мамлекеттерде арам акчаны адалдаган белдүү кишилерге каршы нааразылык акциялары күч алды. Офшордук бизнестегилердин катарында Казакстандын президентинин небереси Нурали Алиевдин да аты аталганы менен, өлкө жарандары буга көңүлкош карагандай. Айрымдар муну бийликтин басымы деп сыпаттаса, башкалары иликтөөдө жарандык коомду толкутууга негиздүү маалыматтар жок деген пикирде.

Коррупцияны жана уюшкан кылмыштуулукту иликтөө боюнча борбор менен Журналисттик иликтөөлөрдүн эл аралык консорциуму даярдап, 3-апрелде жарыялаган көлөмдүү маалыматта дүйнөдөгү аттуу-баштуулардын катарында казак мамлекет башчысы Нурсултан Назарбаевдин небереси Нурали Алиев яхта сатуу менен алектенген Baltimore Alliance Inc. компаниясынын ээлеринин бири экени аныкталды. Нурали Алиев Астана шаарынын мэринин орун басары болгон. Казакстанда ал Назарбаевдин мураскери катары да аталып жүрөт.

“Панама документтери” аталган иликтөөдө арам акчаны адалдаганы айтылгандардын бири – Исландия премьер-министри отставкага кетти. Голландия, Австрия, Австралия, Украина жана Орусия лидерлерине байланыштуу маалыматтардан улам ар кандай нааразылык акциялары өттү. Бирок казак коому мамлекет башчынын небересине байланыштуу маалыматты кулак сыртынан кетиргендей. Жарандык активисттердин интернеттеги нааразы пикирлерин эсепке албаганда, Казакстанда бул жагдайга реакция жасалган учурлар байкалбады.

Мындай “унчукпоону” айрым серепчилер өлкөдө жемкорлук көнүмүш болуп, адамдар үчүн коррупция күнүмдүк жараянга айланганы менен байланыштырат. Саясат таануучу Досым Сатпаев:

- Белгилей кетчү жагдай, мындай чырлуу документтерди жарандык коомдун күчтүү же алсыз экендигин далилдеп берчү кагаз десек болчудай. Демократиянын элементтери бар мамлекеттерде мындай учурда адамдар кандай реакция кылып жатканын байкадык. Казакстандыктар болсо көмүскө бизнеске жана коррупцияга “сабырдуу” мамиле кыларын көрүп жатабыз.

Досым Сатпаев
Досым Сатпаев

Сатпаевдин айтымында, саясий жана бизнес элитадагылардын айрымдары кандайдыр “каржылык оюндарга” аралашканы тууралуу мурда эле имиштер чыккан. Бирок бийлик “унчукпоо оюнунун” салты менен бул маалыматтарды капарга албай келген:

- Бизде офшордук бизнес менен күрөшүүгө расмий түрдө маалыматтык басым жасашат. Бирок чындык башкача. Буга кош стандарттуу саясат деп баа беребиз. Өздөрү туура эмес деп эсептеген көрүнүшкө каршы чыныгы күрөш жок. Элитанын айрым өкүлдөрү эч кандай эрежеге баш ийбейт. Алардан эч ким эч нерсени талап кыла албайт.

Казакстандагы жарандык активисттердин бири Бахытжан Төрегежина болсо “Панама-гейт” окуясынан улам анын мамлекети саясаттын булганыч баткагына сиңип баратканы ачыкка чыкканын белгилейт.

Бакытжан Төрегожина
Бакытжан Төрегожина

- Биз Исландия коомунун аракеттерине суктануу менен карап отурабыз. Казакстанда болсо соңку кездери жарандык активисттерге басым жасалып, камоого алуу күчөгөндүктөн, эркин пикир билдирип чыккандар азаюуда. “Панама документтери” боюнча талкуу социалдык тармактардан сыртка чыга албай калды. Андан тышкары, биздин бийликте бул окуяларга байланыштуу кандайдыр билдирүү жасаганга да эрк табылбады.

Ал тапта “Панама-гейт” баяндамасында казактарга таандык чуулгандуу деле маалымат жок дегендер бар. Алардын бири Transparency Kazakhstan коомдук фондунун саясий кеңешинин төрайымы Наталья Малярчук:

- Ал документте болгону президенттин небереси жана анын бир шериги тууралуу сөз бар. Мамлекет башчынын небереси – ишкер. Ишкерлик чөйрөсүндө офшор стандарттуу, кадыресе көрүнүш. Балким ал жерде такыр коррупция элементтери жок чыгар.

Малярчук башка өлкөлөрдөгү жарандык коомдун толкундоолорду ири саясатчыларга байланыштуу болуп жатканына байланыштырат:

- “Панама документтеринде” казак саясатчыларынын аты чыкпады. Ошондуктан казак коомунун нааразылык билдирип чыгуусуна негиз жок.

Белгилей кетсек, Коррупцияны жана уюшкан кылмыштуулукту иликтөө боюнча борбор менен Журналисттик иликтөөлөрдүн эл аралык консорциуму даярдаган көлөмдүү баяндамада дүйнөдөгү жүздөн ашуун саясатчынын, 20дан көп азыркы жана муруңку президенттердин көмүскө офшордук эсептери жарыяланган.

Ташкент: "чагымга" каршы үгүт...

Cүрөткө түшүндүрмө: Начальник, тигил жерде адамдар бири бири менен сүйлөшүп отурушат (сүрөт eltuz.com сайтыныкы).

Өзбекстандын күч органдары мамлекеттик саясатка каршы сүйлөгөндөр тууралуу маалымат топтоо өнөктүгүн жүргүзө баштады.

Нооруз майрамынан кийин Ташкенттеги метролордо жана автобустарда “чагым уюштуруучуларды аныктоого” үгүттөгөн жарыялар пайда болду. Ага карабай, эксперттер өзбек бийлиги мындай үгүткө муктаж эместигин, Ташкентке каршы сүйлөгөн адамды кайдан болбосун таап, темир торго тыгуу өзбек өкмөтүнүн көнүмүш адаты экенин белгилейт.

Өзбекстандагы аялдамаларга илинген жарыяларда “мамлекеттик саясатка каршы сүйлөгөндөрдү байкасаңыз, милициянын ишеним телефонуна чалыңыз” деген жазуулар бар. Ташкент шаарынын атын атоону каалабаган жашоочусу метродогу вагонго илинген жарыядагы чакырыктар тууралуу төмөнкүчө маалымат берди:

- Жарыя өтө чоң эмес. Текстти толук эстеп калган жокмун. “Эгер адамдар топтолуп алып, мамлекеттик саясатка каршы сүйлөшүп жатканын байкасаңыз, милицияга кабар бериңиз” деген жазуу эсимде. Астына толтура телефон номурларды жазып коюшкан. Негизи, ар бир метро станциянын кире беришинде, ичинде жана билет алчу жайда бирден милиция кызматкери турат. Ар бир адамдын сумкасын текшерип, паспорт сурашат. Тиги жарыяларда мамлекеттик саясатка каршы сүйлөгөндөр тууралуу ошол метродогу милиционерлерге да маалымат берүү керектиги айтылат. Мындай жарыялар автобустарга, маршруттук таксилерге да илинген.

Ташкенттеги эркин журналисттердин бири Алексей Волосевич бийликтин бул аракетин элди “ушакчылыкка үйрөтүү” деп сыпаттады:

Ташкент метросундагы жарыя
Ташкент метросундагы жарыя

- Өзбекстандын мыйзамдарында кепилдикке алынган сөз эркиндиги террордук аракет катары бааланууда. Жарыялардын мазмуну ушундай. Мурда экстремисттик аракеттерден этият болууну эскерткен абстрактуу жарыяларды чыгарышкан. Мунусу болсо ачык эле ушакчылыкка багыт берип жатат.

2011-жылы өкмөт башчы Шавкат Мирзиёевдин буйругу менен метродогу коммерциялык жарнамалардын баары алып салынган. 2013-жылдан тарта вагондорго адамдарды террордон сактанууга, экстремисттерден этият болууга чакырган жарыялар илине баштаган. Андан көп өтпөй эле “шектүү буюмдарды көрсөңүз, метрополитен кызматкерлерине кабар бериңиз”, - деген үндүү жарыя жаңыра баштаган.

2015-жылдын декабрынан тарта Өзбекстандагы коомдук транспорттордун жана таксилердин айдоочуларына бийликти жамандаган кишилер тууралуу күч органдарына маалымат берип туруу милдети жүктөлгөн. Колунда шектүү буюму менен автобус же маршруттук унаага чыккан кишилерди дароо салондон чыгарып жиберүү тууралуу да буйрук чыккан.

Эми кайрадан “мамлекеттик саясатка каршы сүйлөгөндөргө” байланыштуу жарыяга кайтсак. Бул маалымат чыгардан мурдараак адам укуктары боюнча эл аралык Amnesty International уюмунун ыктыярчысы Абдусами Рахмонов өзбек бийлиги демократиялык көз караштагы жарандарын дүйнөнүн кайсыл жеринде болсо да кармап кетүүгө күчү жетерин билдирген эле:

- Адам кыйноолордон качып, башка мамлекетке кетет. Бирок мамлекеттин колу ага жетет. Мен билгенден чет элден Өзбекстанга экстрадицияланган жарандар арасында кыйноого алынып, каза тапкандар да болгон.

Өзбекстанда бийликке каршы сүйлөгөндөрдү камоо же болбосо күч органдарынын каттоосуна алып, улам-улам текшерип туруу көнүмүш адат. Жарыялар жок кезде да коом арасында бири-бирин саткандар арбын болгону айтылат. Такталбаган маалыматтарга караганда, андай “сөз ташыгычтарга” атайын сыйлыктар да каралган.

Тажик адвокаты чет элден жумуш издейт

Файзинисо Вохидова.

Тажикстандык белгилүү адвокат эл аралык уюмдарга кайрылып, чет элден жумуш табууга көмөктөшүүнү суранды. Ал өз мамлекетинде “Адвокаттык ишмердик жөнүндө” мыйзамдын күчүнө кириши укук коргоочулардын жумушуна чектөө коюп жатканын белгилейт.

Тажикстанда 2015-жылдын март айында күчүнө кирген “Адвокатура жана адвокаттык ишмердик жөнүндө" мыйзамга ылайык, бир жыл бою өлкөдөгү адвокаттар аттестациядан өтүштү. Жыйынтыгында Юстиция министрлиги 312 гана укук коргоочуга ишмердик кылууга уруксат берди. Мыйзам кабыл алынганга чейин Тажикстанда миңден ашуун адвокат бар эле.

Файзинисо Вохидова бул ыкма адам укуктарын бузат деген турум менен аттестацияга катышкан жок. Мындан улам ага жумушсуз калуу көйгөйү жаралды.

- Миңден ашуун адвокат ишсиз калууда. Демек алар өлкөдөгү жумушсуздардын жана чет элге иш издеп кеткен мигранттардын катарын толуктайт. Балким арабызда чет элдик уюмдар менен иштеп, андан ары ийгиликке жетүүгө мүмкүнчүлүгү барлар чыгар. Тажикстанда мыкты юристтер иш таба албай жүрөт. Мен өз каалоом менен аттестациядан өтүүгө документ тапшырбай койдум. Себеби, 30 жылдан бери ушул тармакта иштейм. Бул мыйзам логикага гана эмес, Баш мыйзамга да дал келбей жатат. Конституция ар бир жарандын эркин жашап, иш табуусуна негизги көрсөтмө. Мен андан башка мыйзамды кабыл албайм.

Вохидованын оюнча, адвокаттарга байланыштуу жаңы мыйзамдын 17-беренеси Конституциядагы эркин ишмердик кылуу боюнча жазылган эрежеге каршы келет.

- Менин юрист болуп иштешиме уруксат бербей жатышат. Эмгек укугум жана жарандык укугум бузулууда. Менин өлкөм социалдык мамлекет болуп эсептелет. Төрт ай күттүм, анткени айрым адвокаттар жумушсуз калганына байланыштуу сотко кайрылышкан. Бирок андан эч кандай майнап чыккан жок. Балким мен Конституциялык сотко кайрылармын. Анткени “эмне үчүн сотко берип, маселени чечкенге аракет кылбадың” деген суроолор болушу ыктымал.

Расмийлер адвокаттарды аттестациядан өткөрүү мамлекетте укуктук чала сабаттуулуктун жайылышынын алдын алат деген ойду белгилешет. Мыйзам акыркы кездери укуктук нормаларды дурус билбеген юристтердин саны өсүп баратканына байланыштуу кабыл алынганы кабарланган.

Жаңы мыйзам бийликтин гана сөзүн сүйлөп, алардын эрежеси менен иштеген адвокаттарга ыңгайлуу экенин белгилеген Файзинисо Вохидова учурда эл аралык уюмдардан жооп күтүп жаткан кези.

Ташкентте каттоосуз жүргөндөр жазаланат

Сүрөткө түшүндүрмө: Каттоого алуу бөлүмү. -Апаңмын го, сени көргөнү айылдан келдим. -Тартип баарына бирдей. (Сүрөт eltuz.com сайтыныкы)

Өзбек бийлиги мамлекеттин башка облустарынан Ташкент шаарына жана Ташкент облусуна конокко келгендерди беш күн ичинде сөзсүз түрдө каттоого турууга милдеттендирген буйрук чыгарды. Аны аткарбагандар баш калаадан мажбурлап чыгарылат.

Ал эмес, беш күндөн көп жашап, бирок каттоого турбаган жаранды коноктогону үчүн үй ээси да жазага тартылат. Милдеттүү каттоого туруу ыкмасы негизинен чет элдиктер үчүн гана колдонулган дүйнөлүк тажрыйба. Бирок өзбек өкмөтүнүн ички тартипке мындай эреже киргизгени азырынча түшүнүксүз болуп турат.

Өкмөттүн буйругуна ылайык, Өзбекстандын облустарынан баш калаага сапар тарткандар милдеттүү түрдө милиция бөлүмүнө барып катталышы керек. Санаторий же ооруканага келгендер да бул тартипке баш ийүүгө милдеттүү. Аны аткарбагандар эң аз айлык акынын үч эсе өлчөмүндө айып пул төлөйт жана Ташкенттен мажбурлап чыгарылат. Бул ыкма тууган-уругунан кабар алууну көздөгөн, той-мааракеге барууга камынган аймактыктардын түйшүгүн арттырып, жарандардын убактысы маанисиз кагаз иштерине коротуларын чет элдеги өзбек активисттери айыптап чыгышты.

Башка мамлекетке чыгып-кирүү жана жарандарды каттоого алуу боюнча республикалык башкармалыктын маалыматына таянсак, өкмөттүн мындай буйругу 26-февралда чыгып, 1-апрелден күчүнө кирди.

Бир топ жылдан бери Чехияда жашап жүргөн Мехрибон Бекиева Хорезм облусунда чоңойгон. Ал өзбек бийлиги чыгарган бул эрежени мындайча сыпаттайт:

- Ташкентке беш күндөн көбүрөөк убакытка келген киши сөзсүз түрдө милиция бөлүмүнө каттоого турушу шарт деп чыгарылган чечимди түшүнбөй турам. Алыс облустарды кой, коңшу эле Сырдарыя, Жизак дубандарынан келгендердин да каттоого турууга милдеттенме алганы эмнеси? Конокко барган адам беш күндөн көп жашай турган болсо, тууганы же таанышы менен анын үйүндө убактылуу жашап турууга келишим түзүшү керек экен. Аны милицияга көрсөтсө, анан каттоого алышат. Облустардан Ташкентке барган адам тааныштарынын үйүндө акысыз жашаса да сөзсүз түрдө келишим түзүшү шарт экен.

Муну акылга сыйбас эреже деп баалаган Мехрибон бийликтин өз жарандарына чет элдиктерге жасагандай мамиле кылганы адам укуктарын ашкере бузат деген ойдо:

Мехрибон Бекиева
Мехрибон Бекиева

- Муну тартип деп айтуу күлкүлүү. Ташкент өзүнчө бир мамлекет эмес да. Мисалы, коңшу эле өлкөлөрдү алалы. Кыргызстандын Ош шаарында жашаган киши Бишкекке келип, тууганынын үйүндө убактылуу жашап туруу үчүн келишим түзүп жүргөнүн, аны милицияга көрсөтүп, каттоого турганын элестетиңиз. Бул не дегени? Мындай ыкма башка өлкөлөрдө чет элдиктерге колдонулат. Бийликтин бул кадамы эч бир логикага сыйбайт. Тоталитардик режимдин бир көрүнүшү.

Маалыматтарга караганда, Ташкентте жашаган бала-чакасы же жакын адамынын үйүнө келген адам келишим түзбөйт, бирок алар бири-бирине тууган экенин бышыктаган документти милицияга көрсөтүшү керек. Болбосо каттоого алынбайт. Эгер өтө алыс тууган болушса, аны каттоого албай коюу ыктымалдуулугу жогору.

Өзбекстандык милиция кызматкерлери
Өзбекстандык милиция кызматкерлери

Эгер облустардын биринен келген жаран мурда баш калаада кандайдыр мыйзамды бузган болсо, ал каттоого алынбайт жана Ташкент облусунан чыгарылат.

Баса, эгер оорукана же санаторийге аймактан бирөө келип дарылана турган болсо, бир сутка ичинде ошол эмкананын жетекчилиги милицияга маалымдоого милдеттүү. Антпесе, алар да айып пулга жыгылат.

Ал арада Чет элге чыгып-кирүү жана жарандарды каттоого алуу боюнча республикалык башкармалык Ташкентке келгендерге мейманканаларда гана жашоону сунуштап жатат. Адистер конок үйүндө жашагандарга каттоого туруу жараяны оңой болот деп ишендиришүүдө.

Өзбекстанда Ташкент облусунан тышкары, 10 облус жана Каракалпак автономдуу республикасы бар.

Штайнмайер: Кыргызстан ишенимдүү баратат

Кыргызстандын тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев, президент Алмазбек Атамбаев жана Германиянын тышкы иштер министри, Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун (ЕККУ) азыркы төрагасы Франк-Валтер Штайнмайер. Бишкек, 31-март,

Германиянын тышкы иштер министри Франк-Вальтер Штайнмайер Борбор Азия регионуна сапарынын алкагында бүгүн Бишкекке келди.

Президент Алмазбек Атамбаев бүгүн Бишкекке иш сапар менен келген Германиянын тышкы иштер министри, Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун (ЕККУ) азыркы төрагасы Франк-Валтер Штайнмайер менен жолукту. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан кабарлады.

Мамлекет башчы кыргыз тарап министрдин бул сапарына өзгөчө маани берерин айтты.

Франк-Валтер Штайнмайер учурда активдүү жүрүп жаткан кыргыз-немис кызматташтыгынын мындан аркы өнүгүүсү маанилүү экенин баса белгиледи.

Жолугушууда эл аралык абал, аймактагы коопсуздук талкууланып, бүгүнкү күндүн чакырыктарына бирге каршы туруунун артыкчылыктуу багыттары тууралуу сөз болду.

Ошону менен катар эки тараптуу соода-экономикалык кызматташтык, Кыргызстанда демократияны жана сөз эркиндигин бекемдөө, таза жана акыйкат шайлоолорду өткөрүү багытында кызматташуу да талкууланды.

Президент Алмазбек Атамбаев жана Франк-Валтер Штайнмайер.
Президент Алмазбек Атамбаев жана Франк-Валтер Штайнмайер.

Франк-Валтер Штайнмайер мындан тышкары бүгүн Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргонуу жана коопсуздук комитетинин депутаттары менен жолукту.

Комитет төрагасы Алмазбек Баатырбеков Кыргызстан менен ЕККУнун ортосунда кызматташтык ырааттуу өнүгүп келатканын айтып, өлкөдө парламентаризмди жайылтуу багытында көрсөтүлүп жаткан жардам үчүн ыраазылык билдирди.

Ал ошондой эле былтыркы парламенттик шайлоо алгачкы жолу биометрикалык каттоонун негизинде уюштурулгандыктан бул жараянды ачык, таза өткөрүүгө мүмкүнчүлүк ачылганын билдирди.

Өз кезегинде Ф-В.Штайнмайер Кыргызстан демократиялык өнүгүү жолуна түшкөнү бул багытта ишенимдүү баратканын белгиледи жана "Кыргызстандын шайлоо өткөрүү тажрыйбасы башка КМШ өлкөлөрүнө жана Борбор Азия аймагына үлгү боло аларын" кошумчалады.

Штайнмайер Өзбекстанда

29-мартта Борбор Азия регионуна сапарын баштаган Германиянын тышкы иштер министри Франк-Вальтер Штайнмайер адегенде Өзбекстанга келген. 30-мартта ал Ташкентте өзбек тышкы иштер министри Абдулазиз Камилов менен жолуккан.

Анда тараптар регионалдык жана эл аралык кызматташуу маселелерин көтөргөн. Франк-Вальтер Штайнмайерди өзбек президенти Ислам Каримов кабыл алган.

Кыргызстандан кийин Штайнмайер Тажикстанга сапар алмакчы.

Германиянын тышкы иштер министри Франк-Вальтер Штайнмайер жана Өзбекстандын президенти Ислам Каримов.
Германиянын тышкы иштер министри Франк-Вальтер Штайнмайер жана Өзбекстандын президенти Ислам Каримов.

Европа коопсуздук жана кызматташуу уюмунда төрагалык кылган мамлекеттин тышкы иштер министри ЕККУнун күн тартибиндеги маселелер боюнча уюмга мүчө мамлекеттерди кыдырат. Германия министри мына ошол салтка айланган сапарды жасап жатат. Сапарынын алдында Штайнмайер Борбор Азия стратегиялык маанилүү регион экенин белгилеп, экономикалык, социалдык жана маданий байланыштарды күчөттүү потенциалын көрүп турганын билдирген. Ошондуктан Германия жана ЕККУ регион менен кызматташууга өзгөчө маани берерин кошумчалаган.

ЕККУ кайсы көйгөйлөргө көңүл бурат?

Кыргызстанда Франк-Вальтер Штайнмайер расмий бийлик башчыларынан сырткары бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү менен 1-апрелде жолугушат.

“Кылым шамы” бейөкмөт уюмунун лидери Азиза Абдирасулова Германия министри менен жолугушууда күн тартибине алты маселе сунушталганын билдирди:

- Жолугушууда карала турган беш маселени сунуштаптыр. Алардын арасында Кыргызстандагы абал, сөз эркиндиги, эркин жыйналуунун абалы, улуттук азчылыктардын абалы, июнь окуясы кесепеттерин жоюу, чек ара коопсуздугу сыяктуу маселелер бар. Мен аларга кошуп оппозициянын жана сөз эркиндигинин абалы жөнүндө маселе көтөрөм деп жатам.

Кезинде Кыргызстандын ЕККУдагы өкүлү болгон Аликбек Жекшенкулов Франк-Вальтер Штайнмаердин регионго сапарында глобалдык коопсуздук, маңзаттарын ташууга жолтоо коюу сыяктуу маселелер талкууланат дейт:

- Менин оюмча, сапардын негизги максаты - Европа Биримдигинин таасирдүү мүчөсү, ЕККУнун төрагасы катары жер-жерлерде болуп, абал менен таанышуу жана пикир алмашуу. Ошондой эле терроризм, экстремизм, маңзаттарын ташууга каршы туруу маселелерин көтөрөт деп ойлойм. Ал эми суу жана чек ара маселеси эки тараптуу маселе. Ошондуктан ага киришпейт го дейм.

Штайнмайер парламент депутаттары менен жолукту.
Штайнмайер парламент депутаттары менен жолукту.

Бирок да региондун суу-энергетикалык маселелерин чечүүгө көмөк көрсөтүү үчүн ЕККУ Энергетикалык дипломатия борборун түзүүнү сунуштаган.

Белгилүү болгондой суу ресурстарынын башатында турган Кыргызстан менен Тажикстан ири ГЭСтерди куруу аркылуу энергетикалык маселесин чечүүгө умтулууда. Ага суу этегиндеги мамлекеттер, өзгөчө Ташкенттен каршылык күчтүү. Орусиялык эксперт Виталий Третьяков бара-бара суу маселеси региондо курчуйт деп эсептейт. Бирок маселени чечүүнүн формуласы аныктала элек.

Европа коопсуздук жана кызматташуу уюму адам укуктары, сөз эркиндиги сыяктуу маселелерге да көңүл буруп келет. Аликбек Жекшенкуловдун пикиринде, Европада пайда болгон качкындар кризиси жана алардын укуктарын коргоодо маселенин чыгышы, адам укуктары Борбор Азия эмес, Европа өзүндө да дурус сакталбай жатышын көрсөтүүдө. Ошондуктан ЕККУну азыркы мезгилдин талабына жараша өзгөрүүсү керек.

"Жихадчылар" казак бийлигин опузалады

Марат Мауленов (оң жакта)

“Сирияга үй-бүлөсү” менен кеткен деген казакстандык Марат Мауленов казак бийлигин коркуткан билдирүү таратты. “Казакстан жергесине жүрөктөн чыккан кайрылуу” деген төрт мүнөттүк видео Вотсап аркылуу жайылууда.

Видеодо куралданган, сакалчан адамдар Казакстанды “Каапырстан” деп аташат. Үй-бүлөбүз менен “халифат жериндебиз”, балдарды шарият негизинде окутуп атабыз дешет.

Кайрылуу жасагандардын башчысы Түштүк Казакстан облусунун Казыгурт районунун жашоочусу Марат Мауленовду жердештери таанышты.

Видеонун аягындагы жигит менен кичине бала президент Нурсултан Назарбаевге казакча кайрылат. “О, Назарбаев, билип ал. Курал биерде, бирок, көңүлүбүз Казакстанда” дейт боз улан. Камуфляж кийип, тапанча кармаган чыт курсак президентти каапыр атап, коркутууларын жаадырат. Айылдыктар экөө тең Мауленовдун уулдары дешти.

Марат Мауленов
Марат Мауленов

Өткөн жылдын сентябрында 45 жаштагы Марат Мауленов аттуу жаран аялы жана алты баласы менен Сирияга кеткени айтылган. Марат Казыгуртта орус тил мугалими болуп иштечү. Жакындарына кийим алмакка Бишкекке барам деген экен.

Казыгурттук Айгүл Мауленовдун инисинин зайыбы. Видеону көрүп, кайнагасын, кайнилерин тааныды:

- Алар качан кеткенин так билбейм. Мен анда Чымкентте ооруканада жаткам. Бир ирет абалымды сурап келишкен. Андан кийин көрбөдүм. Ушинтип кетип калышарын эч ким, биз да билген эмеспиз.

Марат Мауленовдун бир иниси, эки эжеси бар. Ооруп жүрүп көзү өткөн атасын сурап да койбогон соң туугандары анын кайтып келеринен түңүлүшкөн:

Марат Мауленов
Марат Мауленов

- 13-мартта кайнатамдын көзү өттү. Ооруп жүргөн эле. Кайнагам кеткенден кийин илдети күчөдү. Реанимацияда кыйла жаткандан кийин эсине келбей каза болду, – дейт Айгүл.

Өткөн жылы октябрда “Азаттыктын” кабарчылары Мауленовдун апасы менен сүйлөшкөнгө аракет кылышкан. Байбиче энесин таштаган уулу тууралуу ныпым сөз кылбай турганын айткан эле.

Айылдагы атын атагысы келбеген мугалим да видеодогу мурдагы кесиптеши экенин тааныды:

- Чынын айтканда, түшүнүк кат жаза берип тажадым. Тимеле аны мен жөнөткөнсүшөт. Ушул жакшыбы эми? Мени эле көрсөтүп туруп алышты. Туура, жакшы адам болчу. Кадимкидей эле жүрчү,- дейт Мауленовдун мурдагы кесиптеши.

Мауленовдун кошунасы аны “ичпеген, чекпеген, саламы түз, сакал койбогон” адам катары мүнөздөдү. Дагы бир кошунасы “Марат төрт жыл мурда намаз окуп баштаган. Акыркы жылы аялы хижаб кийип, өзү сакал өстүргөн” деп кошумчалады.

“Азаттык” Мауленов боюнча октябрда жазганда өлкөнүн Улуттук коопсуздук комитети аны төгүндөгөн да, тастыктаган да эмес.

Марат Мауленов иштеген мектеп
Марат Мауленов иштеген мектеп

“Казахстан ажылары” биримдигинин башчысы Бакытай Айнабеков казакстандыктардын экстремисттерге кошулушун өлкөдөгү дин аалымдарынын урмат-сыйга ээ болбогонунан көрөт. Ошондой эле, дин таануучу адистер жетишсиздигине кейийт:

- Дин бул дүйнөдө гармония, ынтымак издөө. Эмнеге Сирияга кетип атышат деп сурайбыз. Казакстанга туура эмес мазмундагы китептер сырттан көп келет. Кээде андай китептер бизде да басылат. Дин адамдары активдүүрөөк болуп, элге тез-тез чыгышы, сүйлөшүүсү керек.

Казакстандыктардын Сирияга чыга баштаганы тууралуу маалымат алгач 2013-жылы октябрда интернетте тараган. 150 казакстандык жихадчы деген видеоролик аркылуу билинген. Кийин ошол сыяктуу, жихадчылардын балдары кошо тартылган бир нече роликтер чыкты.

Өткөн жылы Жакынкы Чыгыштагы экстремисттик топтордун арасында 300дөй казакстандык, анын жарымы аялдар экени расмий айтылган.

Борбор Азия: кийинки президент ким болот?

Тажикстан президенти (солдон оңго) Эмомали Рахмон, Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев, Өзбекстандын президенти Ислам Каримов, Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердимухаммедов.

2016-жылдагы Казакстандагы парламенттик шайлоо, Тажикстан менен Түркмөнстандын Конституцияга өзгөртүү киргизип, өлкө башчыларынын түбөлүк бийликте калуу далалаты, казак, өзбек президенттери улгайган сайын аймакта лидерлердин ордун ким басат деген талкууну кызытууда.

Борбор Азия өлкөлөрү эгемендик алганына чейрек кылымга айланды. Андан бери чөлкөмдөгү беш мамлекеттин саясий айдыңдагы бири-биринен айырмасы ачык билинип, бийлик ооштуруу өзгөчөлүгү ар биринде ар башкача болуп чыкты.

Казакстан менен Өзбекстан президенттери СССР тарагандан бери тактыда. Казакстандын элбашысы Нурсултан Назарбаев июлда 76га чыкса, өзбек президенти Ислам Каримов январда 78 жашты багынтты.

Жаш курак лидерлерди жаңылоо тууралуу пикирлердин чырагына май тамызууда. Арийне, бул өлкөлөрдө экинчи президент болуу оңой-олтоң иш эмес.

Казак жана өзбек президенттери өздөрүн эл атасы, темирдей тартип орнотуучулар катары таанытканына ишенсе, тажик лидери өлкөдө жарандык согушту токтоткон “тынчтыктын түптөөчүсү” деген кадырына таянат. Алардын ордун басчу кишиде мындай барк-баа албетте жок.

Тажикстан президенти Рахмон кызы Озодага "Урмат" орденин тагып жатат, 2015-жыл.
Тажикстан президенти Рахмон кызы Озодага "Урмат" орденин тагып жатат, 2015-жыл.

Ошентсе да, тышкы саясат тууралуу жазган вашингтондук журналист Рейд Стендиш мунай өндүрүүчү өлкө болгондуктан Казакстандын кийинки президенти бизнес-элитасынан келгени максатка ылайык жана ал алмашкыс бойдон калышы оңураак дейт. Ал эми Өзбекстанда саясий күчтөрдүн географиясы башкача:

- Эгер Өзбекстанга баам салсаңыз, акча менен бийликти өлкөнүн ичиндегилер көбүрөөк кармайт. Демек... коопсуздук кызматы Өзбекстанда бийликти өткөрүп берүү сценарийинде чоң роль ойношу, балким бийлик тизгинин колго алышы ыктымал.

Стендиш өзбек күч түзүмдөрүндөгү кландын лидери деп атайын кызматта өмүр бою иштеп, 20 жылдан ашуун коопсуздук жагын жетектеген Рустам Инаятовдун тобун эске алып жатканы талашсыз. Бирок Инаятовго тең келчү башка топтор деле бийликке үмүткөр. Өлкөдөгү ташкендик жана самарканддык кландардын такай тирешип келатышынын бир себеби да мына ушуга барып такалат.

Кандай болгон күндө да, учурда бийликте тургандардын алмашуусу өлкөдөгү кырдаалды кескин оңдоп ийиши күмөн. Эл жактырган чыныгы жетекчи келмейин башкаруу тизгинин кармагандардын аты-жөнү эле өзгөрөрүн “Демократия импорту: Бейөкмөт уюмдардын Түштүк Африка, Тажикстан жана Аргентинадагы ролу” аттуу китебинин автору Жули Фишер Мелтон атайын белгилейт:

Нурсултан Назарбаев кызы Дарига менен
Нурсултан Назарбаев кызы Дарига менен

- Жалпысынан алганда, элитанын эркин билдиргени убактылуу гана легитимдүүлүк берет. Ал эми арканды узун таштап караганда, лидер эң төмөнкү катмардан түптөлүп чыгуусуна жарандык коом өбөк болот. Төмөнтөн бирөө түптөлүп чыкмайын, жогору жакта алмашуу боло берет, бирок чын-чынында ал эч бир өзгөрүүгө алып келбейт.

Кийинки президент маселесинде Кыргызстандын да өзүнө таандык баш оорусу бар. Саясат талдоочу Эдил Байсаловдун оюнча, Кыргызстанда шайлоолор атаандаштыкта өтүп, демократия эрежеси сакталгандай көрүнгөнү менен, маселе башкада. Жаманбы-жакшыбы советтик партмектеп тарбиясын көрүп, эгемендик доордо тажрыйба алган жетекчилер бара-бара суюлууда. Кеп алардын ордун басчу чыныгы эл ишениминдеги лидердин бар же жогунда.

Ал эми акыркы шайлоолор Москванын же Батыштын көзүн караган саясатчылар, болбосо акчаны самандай сапыргандар добуштарды арбын алып жеңишке жетүүдө:

- Парламенттик да, жергиликтүү шайлоолор да бизде элдик бийлик элдин колунда эмес, бир уучу эки-үч чоң байлардын колунда болуп калды. Аларды партия деп атаганга да болбойт. Мындай бийлик Акаевдин, Бакиевдин учурунда да болгон эмес. Мындай өтө коркунучтуу олигархиялык бийлик түзүлүшүн тез арада оңдошубуз керек. Президенттик шайлоодо ушундай боло турган болсо, бул жакшылыкка алып барбайт.

Байсаловдун оюнча, келаткан президенттик тандоодо болбосо да, кийинкисинде Кыргызстан чыныгы лидер таңкыстыгына туш болот деген ойдо. А электорат ага чейин ошондой адамды сүрөп чыга алабы же кайра эле капчыктуулардын торуна түшүп береби?

Өкмөт мүлктү кайтаруу чечиминен кайтпайт

Өзбекстандын Баткендин аймагындагы газ камоочу ишканасы, Бүргөндү өрөөнү.

Кыргызстан Өзбекстандын пайдалануусундагы чарбалык объектилерди өзүнө кайтарып алууну токтотпойт.

Бул тууралуу билдирген кыргыз өкмөтүнүн атайын өкүлү Курбанбай Искандаров буга байланыштуу токтомдор аягына чейин аткарыла турганын белгиледи. Өз кезегинде Өзбекстандын өкмөтү айрым объектилер боюнча талаш маселе бар экенин айтса, кээ бирлеринин чыгымдарын Кыргызстан төлөп бериши зарыл деген маселе коюп келген.

24 жылдан бери Өзбекстан кайтарбай келген мүлктүн тизмеси

Кыргызстандын өкмөтү мурда Өзбекстандын пайдалануусунда болуп келген Жалал-Абад, Баткен жана Ош облустарынын аймагындагы чарбалык объектилерди кайтарып алуу иштерин аягына чейин уланта турганын билдирди.

Жалал-Абад облусу боюнча: Ала-Букадагы "Орто-Токой" суу сактагычы, Аксыдагы Чоң Наманган каналы (12,9 км), "Чуст" каналы (14,5 км), Ноокендеги “Достук”, “Маданият” жана “Октябрдын 50 жылдыгы” насостук станциялары, Сол жээк Нарын каналы (43,1 км). Баткен облусу боюнча: Сох-Шаймерден каналы (12 км), Лаган каналы (11,2 км) жана №1 Фергана автотранспорттук колоннасы, “Фергананефть” Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин жарандык коргонуу объектиси, №4 “Фергананефть” автобазасы, Кадамжайдагы Кайтпас-Кыргыз-Кыштак айыл аймагындагы жер тилкелери. Ош облусу боюнча: Керкидон суу сактагычына куйган 12 чакырым канал жана Кара-Суудагы Савай каналы (28 км).

Мисалы үчүн суу каналдары жана насостук станциялар сыяктуу объектилерди өткөрүп алуу жеңил-желпи эле жүргүзүлөт. Андан эч нерсе деле болбойт. Бирок мында негизги маселе жанагы суу сактагычтарды кайтарып алууда турат.
Токон Мамытов

Кадамжайдагы Бүргөндү массивиндеги жердин жалпы аянты он миң гектарга барабар. Анын 384 гектарын мурун Өзбекстан мунай бургулоо жана жер астындагы газ сактоочу кампа катары колдонуп жүргөн. Кыргыз тарап буга чейин Бүргөндү массивиндеги жерди пайдаланганы боюнча Өзбекстандан ижара акысын талап кылып келген. Өкмөттүн атайын өкүлү Курбанбай Искандаров бул объектилер туурасында мына буларга токтолду:

- Бүргөндү массивиндеги мына ошол бир топ ишканалар жайгашкан жерлерди Өзбекстан учурунда убактылуу сурап алган. Аталган жер кыргыздын жери болгону үчүн алар сурап, кайрылышкан да. Муну тастыктаган бир топ документтер биздин колубузда турат. Ал жерлерде азыр мунай бургулоочу жабдуулар иштебейт. Газды болсо ал жакта сактабай калышкан. Бүргөндүдөгү мунай чыккан төрт жерди бизге өткөрүп беришкен. Азыр бирөө калды. Учурда биз мына ошону дагы өткөрүп берүүнү талап кылуудабыз.

"Орто-Токой" суу сактагычынын опол-тоодой маселеси

Өкмөт буга чейин жарыялаган токтомдорго ылайык, Кыргызстанга өткөрүлүп жаткан жана өтө турган объектилердин жалпы саны жыйырмага чукул. Алардын арасында Ала-Буканын ичкери аймагында жайгашкан "Орто-Токой" суу сактагычы бар. Учурда анын айланасын эки жүздөн ашуун өзбек жараны күзөтүп келет. Анын суусу Өзбекстандын айдоо аянттары үчүн пайдаланылат. Буга чейин кыргыз өкмөтү Ташкентке аталган суу сактагычты пайдаланганы үчүн ижара акы төлөөнү талап кылган менен Өзбекстан ага оңдуу жооп бербей келген. Курбанбай Искандаров бул маселени чечүүдө 1992-жылдагы келишимдин шарттарын эске салды:

- Биз менен Өзбекстандын ортосунда "Орто-Токой" суу сактагычын пайдалануу боюнча келишим дагы жок. Ушул күнгө чейин ижара акысын дагы төлөгөн эмес. Азыр эми бул боюнча тиешелүү иштер жүргүзүлүп жатат. Анын бардыгын мен азыр айтып бере албайм. Союздун убагында кошуналар бизден жер сурап алып, союздук каражаттын эсебинен курулган объектилердин бардыгы 1992-жылдагы келишим боюнча автоматтык түрдө бизге өтүшү керек болчу. Мына ошол Кыргызстандын аймагында курулуп, анан алардын убактылуу пайдалануусунда болгон объектилердин бардыгын кайтаруу боюнча келишимге Өзбекстандын президенти кол коюп, аны парламентти бекитип берген. Мына ошол сыяктуу документтер биздин колубузда турат.

Өзбекстан менен Тажикстандын колдонуусундагы чарбалык объектилерди Кыргызстанга кайтарууну парламент 2011-жылы көтөргөн. Бул маселе Жогорку Кеңештин Коргонуу жана коопсуздук комитетинде каралып, ошол кезде өкмөткө тапшырма берилген болчу.

Токон Мамытов
Токон Мамытов

Парламенттин Коргонуу жана коопсуздук комитетинин ошол кездеги төрагасы Токон Мамытов Өзбекстан пайдаланып жаткан суу сактагычтарды кайтарып алуу жагы оор болорун айтып, бирок өкмөт ал токтомдорду аягына чейин аткарышы керектигин билдирди:

- Мисалы үчүн суу каналдары жана насостук станциялар сыяктуу объектилерди өткөрүп алуу жеңил-желпи эле жүргүзүлөт. Андан эч нерсе деле болбойт. Бирок мында негизги маселе жанагы суу сактагычтарды кайтарып алууда турат. Ошол эле "Орто-Токой" суу сактагычын, Керкидон деп коёт, "Кемпир-Абад" суу сактагычынын маселесин чечиш керек. 2012-жылы биз коңшулардын пайдалануусундагы чарбалык объектилерди кайтарып алуу маселесин карап чыгып, ошонун негизинде өкмөткө тапшырма берген болчубуз. Анан эми ошондон бери беш жыл өткөндөн кийин өкмөт бул ишти аткарууну баштап жатат. Эми өкмөт “а” дегенден кийин “б” деп бул ишти аягына чыгарышы керек.

Өзбекстан “өзүнүкүн” бербейт

Буга чейинки эки тараптуу сүйлөшүүлөрдө Өзбекстан айрым объектилердин ага таандык экени тууралуу өзүнүн жүйөсүн келтирген учурлар бар. Айрыкча өзбек тарап "Кемпир-Абад", "Орто-Токой" суу сактагычтарынын жана чек араны аралап өткөн суу каналдарынын макамы боюнча маселеде бир топ талаштар бар экенин айтып, ага карата документалдык далилдер бар деп жарыялаганы бар. Кыргызстан-Өзбекстан достук коомунун жетекчиси, парламенттин мурдагы депутаты Жылдызкан Жолдошева мындай жагдайда өкмөттүн токтомун аткаруу оңой иш эмес экенин белгиледи:

Жылдыз Жолдошева
Жылдыз Жолдошева

- Канчалык бул маселени кийинкиге калтырган сайын ал оорлогондон оорлошо берет. Анан ошол эле кезде мындай татаал маселе дипломатиялык жол менен чачылышы зарыл. Өткөрүп алуу иштери жүрүп жатат деген сөз – бул биздин өкмөттүн аракети гана. Бирок алардын ошол аракети ишке ашпай калып жатканын биз көрүп эле турбайбызбы.

Буга чейинки сүйлөшүүлөрдө кыргыз тарап чарбалык объектилердин маселесин тактала элек чек ара тилкелери менен аралаштырбай кароону Ташкентке сунуштады. Бирок Өзбекстан андан баш тартып, бул эки маселени өз ара карым-катышта кароо зарылдыгын айткан болчу. 18-мартта Өзбекстан Чаласарт тилкесиндеги Кербен-Ала-Бука жолун бөгөп, куралдуу күчтөрүн жана аскер техникасын киргизген. Бул окуяны кыргыз өкмөтү ага караштуу объектилерди кайтарып алууга каршы жасаган Өзбекстандын чагымы катары мүнөздөгөн болчу. Туура бир жумадан кийин эки тараптын чек ара кызматынын жетекчилеринин жолугушуусунан соң Өзбекстан чек ара аскерлерин алып чыгып кеткен болчу.

Кыргызстандын өкмөтү 2001-жылдан бери эле бери эле Өзбекстан менен Тажикстандын пайдалануусундагы чарбалык объектилерди кайтарып алуу боюнча бир нече жолу, ондогон токтомдорду чыгарып, бирок анын бардыгы кагаз бетинде гана калып келген.

Биринчи жолу 2013-жылы Тажикстан иштетип келген Лейлектеги Катта- Туз мунай кенин Кыргызстан өзүнө өткөзүп алган. Анда чек арачылар ортосундагы бир топ тирешүүдөн кийин тажик тарап кен жайгашкан объектини бошотуп берип, анын Кыргызстанга таандык экенин тааныган. 1991-жылы союз таркагандан кийин СССР кезинде борбордук бюджеттин эсебинен курулган объектилер кайсы республиканын аймагында болсо, анын ээлигине өтөт деген макулдашуу кабыл алынган. Бирок Кыргызстан кошуналардан айырмаланып, өзүнүн аймагындагы чарбалык объектилерди ошол учурда өзүнүн карамагына өткөрүп алган эмес.

Казакстанда дагы үч "таблигчи" камалды

Казыбек райондук сотундагы жараян. 28-март, 2016-жыл. Казакстан.

Казакстанда “Таблиги жамаат” уюмунун лидери аталган жаран менен анын эки санаалашы абакка кесилди. Соттолуучулардын жакындары мындай чечимге нааразы.

Кыргызстанда эркин саналган “Таблиги жамаат” диний уюмуна коңшу Казакстан тыюу салып, 2013-жылдан бери ага мүчө болгондорду жазалап келет.

Карагандада 28-март күнү “Таблиги жамаат” уюмунун идеясын жайылтат деген айып менен үч киши эки жана эки жарым жылга камалды. Сот жараянына катышкандардын басымдуу бөлүгү соттолуучулардын жакындары болушту. Күбөлөрдүн айтымында, соттолуучуларды залга колунда кишен менен алып келишти. Кара беткап кийген күч кызматкерлери аларды коркунучтуу кылмышкерлер отура турган айнек бөлмөгө киргизди.

Казыбек райондук соту аларды өлкөдө тыюу салынып, экстремисттик саналган “Таблиги жамаат” уюмунун идеяларын жайылтканы үчүн айыптуу деп тапты. Алардын бири 33 жаштагы Айдын Шакентаев. Анын шарияттагы ысымы Муас. Тергөө маалыматтарында ал “Таблиги жамааттын” Казакстандагы лидерлеринин бири экени айтылат. Айдын башкаларды алдамчылык менен азгырып, уюмга тартууга аракет жасаган деп эки жарым жылга камалды. Жаза мөөнөтүн күчөтүлгөн режимдеги абакта өтөмөй болду.

Ал эми 33 жаштагы Мурат Шопенов менен 38 жаштагы Бауржан Сериков эки жылга эркинен ажыратылып, жалпы режимдеги түрмөгө камалышты.

Алар 2015-жылдын 7-октябрында кармалышкан. Жаза мөөнөтү ошол күндөн тарта эсептелет.

“Азаттык” радиосунун казак кызматынын сот жараянына катышкан кабарчысы маалымдагандай, өкүм окулуп жатканда эч ким үн каткан жок. Бирок судья Жанат Егембердиева залдан чыгып баратканда “Адилеттүү жана гумандуу соттор кайда?” деген кыйкырык угулуп, камакка алынгандардын жакындары ыйлап жиберишкен. Айрымдары сотторду каргап, жараянга көз салып турган журналисттерди да тилдешкен.

Соттолуучулардын биринин жубайы, өзүн Самал деп тааныштырган келин жолдошу ак жерден кесилгенин билдирип, жогорку инстанцияларга кайрылууну көздөп жатканын белгиледи:

- Биздин жашообуз дурус болчу. Жолдошум он беш жыл бою үй-бүлөсүн эч нерседен кем кылбай бакты. Балдарга мээримдүү эле. Күч органдары аны неге мынчалык коркунучтуу кылмышкер катары сүрөттөп жатышканын түшүнгөн жокмун. Ал бирөөгө жамандык каалабайт. Тергөө учурунда анын күнөөкөр экенин далилдеген көзгө урунар факты да табылган эмес. Бирок камап салышты. Муну мен адилетсиздик деп эсептейм жана жогорку инстанцияларга кайрылам.

“Таблиги жамаат” уюму Казакстанда 2013-жылы экстремисттик деп табылган. Буга чейин бир канча киши аталган топко мүчө деп кармалышкан. Кыргызстанда болсо бул уюмдагылар “дааватчылар” деген ат менен белгилүү. Борбор Азиянын башка мамлекеттеринде жана Орусияда “Таблиги жамааттын” ишмердигине тыюу салынган. Кыргызстанда да тыюу салуу демилгеси улам көтөрүлүп турганы менен, ал ишке ашкан жок.

Айрым диний серепчилер “Таблиги жамаат” мүчөлөрү өздөрү билбей жихадчылардын идеологиясынан айырмаланбаган исламды эл арасына жайылтат деп эсептешет. "Таблигчилер" болсо бийликке умтулбасын, халифат куруу ниети жоктугун, элди динге тарбиялоо максатын гана көздөшөрүн белгилеп келишет.

Казакстан: Шайлоо бийликти өзгөрткөн жок

Нурсултан Назарбаев

Казакстанда жаңы шайланган парламент мажилисинин төрагалыгына “Нур Отандын” мүчөсү Бактыкожа Измухамбетов бир добуштан шайланды.

Жергиликтүү саясатчылар акыркы бир нече спикерлер эркин позициясы жок, бийликтин жетегинен чыкпаган кишилерден коюлду дешет.

Бактыкожа Измухамбетов мурунку чакырылышта вице-спикер, андан мурда Атырау облусунун акими болчу.

90-жылдардын башында ушул эле мажилисте спикерликти аркалаган Серикболсын Абдил “төрага шайланды делгени эле болбосо, Назарбаев айткан киши коюлду” дейт:

- Ошол себептен жаңы спикер өзүн дайындаган бийликке кызмат кылат. Андан бийликтин саясатына шайкеш келбеген экономикалык, социалдык ишти күтүүнүн кажети жок.

Бактыкожа Измухамбетов
Бактыкожа Измухамбетов

Абдил казак мажилисинин 2-чакырылышынан кийинки спикерлери, анын ичинде оппозициячы делген Жармахан Туякбай деле бийлик жетегинен чыкпаган саясатчылар болуп келатканын белгилейт.

Ал эми партиясы парламенттик жарышка чыгып, бирок өтпөй калган Жармахан Туякбай болсо, 2004-жылга чейин эркиндик бар эле деп, андан кийинки төрагаларды бийликтин айдагынан чыкпагандарга кошот:

- Парттизме менен шайланган депутаттар, алар жапырт колдогон төрагадан кандай эркин иш-аракеттерди күтүүгө болот? Төрага өлкөдө үчүнчү киши делгени менен, чынында ал шарттуу гана. Мурда бюджет маселесинде премьер “төрага мажилисти кандайча багыттаар экен” деп алаңдап, аны менен эсептешчү. Азыр мажилис төрагасына алтургай министрлер моюн бербейт.

Жармахан Туякбай
Жармахан Туякбай

Анткен менен мажилистин бийликтеги ролу али да жогору деп эсептегендер бар. Мурдагы депутат Камал Бурханов кош палаталуу парламенттеги негизги маселелер көбүнесе мажилисте чечилерин белгилейт:

- Мажилисте бийликтин башка тармактарындагыдай иерархия жок. Төрага депутаттарды тикелей башкарбайт. Ар депутаттын жеке ишмердик жүргүзүү жолу бар. Ал эми Измухамедов мурда жогорку кызматтарда иштеген, тажрыйбасы зор.

Казакстандагы бул шайлоого ар кандай баа берилди. ЕККУ шайлоо демократиялык стандарттарга жооп берген жок деди. Уюмдун кыска мөөнөттөгү байкоочулар миссиясынын башчысы Мариетта Тидей 21-мартта Астанадагы маалымат жыйынында Казакстан шайлоо боюнча өз милдеттенмелерин аткаруусу үчүн али узак жолду басып өтүшү керектигин белгиледи:

- Бул шайлоодо бир аз алга жылуу байкалганы менен, Казакстан ЕККУ талаптарына ылайык, демократиялык шайлоо өткөрүү тууралуу эл аралык милдеттенмелерин аткаруу үчүн али көп иш жасашы керек. Көптөгөн жылдар бою бийликте бир партиянын үстөмдүгү орногон. Мамлекеттен каржыланган маалымат каражаттары бардык талапкерлерге бирдей мүмкүндүк берүүгө тырышканы менен президенттин иши жөнүндөгү маалыматтар басымдуулук кылды. Бул бийлик партиясына артыкчылык берилди дегендик.

"Нур Отандын" шайлоодогу баннери
"Нур Отандын" шайлоодогу баннери

Деген менен шайлоодон кийинки пикиринде Казакстан президенти Нурсултан Назарбаев АКШ өзү демократия принциптерин 150 жылдын ары жак, бери жагында түптөгөнүн, эгемендигине жыйырма жылдан ашкан Казакстан да алга аракет кылып атканын айтып, айыптарды кыйыр моюндагандай болду:

- Демократия биз үчүн жолдун башы эмес, аягы. Биз ага акырындап барабыз. Ага бизди кууп, айдактаган болбойт. Анткени биз башкабыз. Азияда мамиле өзгөчө. Үй-бүлөлүк мамиле, башка дин, адамдардын мүмкүнчүлүктөрү ар башка.

Үй-бүлөлүк мамиле демекчи, "Нур Отандын" тизмесиндеги президенттин кызы, мурдагы вице-премьер министр Дарига Назарбаева парламентке кирген жок. Талдоочулар ал кайра эле өкмөттөгү бийик кызматка барарын айтышууда.

Ал эми өкмөттүн мурдагы курамы дээрлик өзгөрбөстөн, Карим Масимов кайрадан премьер бойдон калды.

Өлкөдөгү көз карандысыз саясат талдоочулар алдын ала эле бул шайлоонун жыйынтыгы күн мурунтан белгилүү, жаңы чакырылыш эч кандай өзгөрүү алып келе албайт дешкен болчу.

Алтынчы чакырылыштагы партиялык 98 орундун 84үн бийликчил “Нур Отан”, калган орундар дагы эле бийликчил “Ак Жол” менен Коммунисттик партияга жетиден тийген.

Парламент жаңы шайланды делгени менен андагылардын көбү мурдагы чакырылыштардын депутаттары.

Аксыда чек ара чыры чечилди

Чаласарт талаштуу тилкеси. 18-март, 2016

Өзбекстан Кыргызстандын чек ара тилкесиндеги такталбаган аймактан өз аскерлерин толук чыгарып кетти.

Кыргыз бийлиги 25-марттагы эки тараптуу сүйлөшүүдө өзбек тарап эч кандай талап койбогонун, Кыргызстан да аларга эч кандай убада бербегенин билдирүүдө. Бирок адистер бул макулдашуунун артында көмүскө келишимдер болушу мүмкүн деп жоромолдошууда.

Кыргызстан менен Өзбекстандын башкы чек арачылары баштаган топтордун Баткендеги “Кызыл-Кыя автожолу” чек ара өткөрмө бекетиндеги сүйлөшүүсү 25-мартта түн бир оокумга чейин уланган. Натыйжада тараптар мунасага келип, Өзбекстан 26-мартта түшкө чейин бардык аскерий техникасы менен жоокерлерин Аксы районундагы Чаласарт талаш участогунан чыгарып кеткен.

Өкмөттүн чек ара маселелери боюнча өкүлү Курбанбай Искандаров Өзбекстан тарап Кыргызстанга эч кандай талап койбогонун билдирүүдө:

Курбанбай Искандаров
Курбанбай Искандаров

- Өзбекстан ал жерге аскерлерин киргизгенин Нооруз майрамына карата коопсуздук чаралары менен гана түшүндүрдү. Майрам бүтүп, эми алып салууга макул болушту. Чек ара маселеси конструктивдүү чечилди. Өзбекстан башка эч кандай талап койгон жок. Кыргызстан да аларга эч нерсе убада кылбады, эч кандай милдеттенме албадык. Учурда талаш аймакта Өзбекстан блокпостторун алып, аскерлерин алып кетти. Биздин жарандар кадимкидей эле каттап жатышат. Негизи жол биздин аймакта турат, жол такталгандан кийин гана кимге тиешелүү экени аныкталат.

Искандаров мындан сырткары Аксыдагы Үңкүр-Тоо (Унгар-Тоо) талаш участогу да коңшу өлкөгө берилбестигин, өзбек тарап ал боюнча сөз кылбаганын айтты. Ал ошондой эле буга чейин айтылып жаткандай Орто-Токой суу сактагычы жөнүндө да Ташкент талап койбогонун кошумчалады.

Бирок айрым адистер Өзбекстан бир нече күндөн бери элди жөн гана дүрбөтпөгөнүн белгилешет. Ошол себептүү бийлик кээ бир нерселерди ачык айткысы келбеди дегендер да бар. Серепчи Эмил Жураев:

- Жолугушуу аябай узак болгону эле ал отурумда көп сөздөр талкууланганын далилдеп турат. Өзбекстан балким суу же дагы башка маселелерде кыргыз бийлигинин жасап жаткан иштерине нааразы экенин, кайсы бир чечимдерге каршы экенин айтса керек. Айрым жагдайлар боюнча балким келишимдерге да келген болушу мүмкүн. Азырынча ал кайсы маселе экенин айтуу кыйын. Бирок Өзбекстан Нооруз майрамына карата гана аскерлерин киргизип, кайра алып чыгып кетти дегенге ишенүү кыйын. Эгер ага макул боло турган болсок, анда бул Өзбекстандын Кыргызстанга сес көрсөтүүсү, же чагымчылдык аракети катары кабыл алынат. Анткени алар бизден сурабастан талаш жерге кирип келген. Ал ортодо жарым-жартылай расмий түрдө өзбек тарап өз жерибизде турабыз деп жарыялап жиберишкен.

Чек ара тилкелерин делимитация, демаркация иштери кайрадан улана баштайт. Кечээги жолугушууларда биз “такталбаган жерлерге келбейбиз, мындан кийин мурдагыдай эле кызматташа баштайбыз” деп макулдаштык,
Бакыт Жылтыров

Маалым болгондой, Бишкек акыркы бир-эки жылдан бери Өзбекстан пайдаланып келген Кыргызстандын объекттерин өзүнө кайтарып алуу жана инвентаризациялоо иштерин жанданткан. Анын ичинде кыргыз-өзбек чек ара тилкесинде жайгашкан каналдар, насостук станциялар, суу сактагычтар бар. Соңку жолугушууда ошого карата пикирлер да айтылган болушу мүмкүн дегендер жок эмес.

Өзбекстандын соңку аракети жаңжалга себеп болбошу үчүн Кыргызстан өз турумун бекемдеши керектигин айтат Аксы райондук кеңешинин депутаты Эргешаалы Озокеев:

- Эл ызы-чуу кылбаганда балким дагы ушинтип тура беришет беле... Эми башкысы буларга теңата боло тургандай иштерди жасамайынча булар али моюндабайт. Ошон үчүн суу сактагычтарды куруп, дагы каналдарды салуу керек. Резервдерди көбөйтүп, суу аркылуу таасир эте ала тургандай болушубуз керек. Андан ары бизге кырын көрсөтө да албай калат. Балким чек араны ачып да салышабы, туугандар кирип-чыга бергиле деп...

Деген менен бийлик Өзбекстан бул аракетин кайра кайталабайт деп кепилдик бере албай турушат. Мамлекеттик чек ара кызматынын жетекчи орун басары жана Башкы штабдын жетекчиси Бакыт Жылтыров:

- Эми чек ара тилкелерин делимитация, демаркация иштери кайрадан улана баштайт. Кечээги жолугушууларда биз “такталбаган жерлерге келбейбиз, мындан кийин мурдагыдай эле кызматташа баштайбыз” деп макулдаштык, протоколдорго кол коюлду. Эми Өзбекстан тарап ошонун баарын аткарат деп ойлойбуз. Бирок ошол тактоо иштери аяктаганча Өзбекстан эч нерсе кылбайт деп эч ким кепилдик бере албайт.

Чек арадагы кырдаал
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:00 0:00

18-мартта Аксыдагы Чаласарт тилкесине өзбек чек арачылары аскер техникалары менен кирип келиши кыргыз тараптын нааразылыгын жаратып, чек арадагы абал курчуп кеткен. Кийинчерээк ал жерге кыргыз тарап да чек арачыларын койгон. Өзбек аскерлери кыргызстандыктары ал жерден паспортун текшерип өткөрө баштаган.

Кыргыз Чек ара кызматы бул талаштуу тилке экенин айтса, жергиликтүү калк ал жер мурдатан Кыргызстандыкы болгонун, үлүш жерлери да бар экенин билдиришкен.

Учурда аталган участок аркылуу Ала-Бука менен аксылыктар мурдагыдай эркин каттай башташты. Чек ара кызматтары чек араны кайтарууда штаттык режимге өттү.

Кыргыз өкмөтү ошондой эле санариптик телекөрсөтүүгө өтүү иштеринин алкагында Аксы районунда кошумча байланыш РРСти куруу улантыларын кабарлоодо. Ошол эле учурда Үңкүр-Тоо аймагындагы “Кербен-24” радиорелийдик станциясы көчүрүлбөй турганын билдирүүдө.

Өзбекстандын аскери турган Чаласарт тилкесин Клооп сайтынын атайын тобу тарткан.

Чек ара чыры: күчтөн сотко артыкчылык берүү

Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев менен Өзбекстандын президенти Ислам Каримов Бишкекте өткөн ШКУ саммитинин алдында. 12-сентябрь, 2013-жыл

Кыргыз-өзбек чек арасындагы соңку чыңалуу, эки тарап тең өзүнүкү катары санаган Үңкүр-Тоо талашынын кайрадан күн тартибине чыгышы расмий Ташкент менен Бишкектин ортосундагы ажырымды мурдагыдан да тереңдетти.

Чек ара талаштары жүздөп саналган дүйнө өлкөлөрүндө эки тарап өз ара такыр макулдаша албай койгондо муну жөнгө салуунун кандай укуктук механизмдери бар? “Азаттыктын” кезектеги “Өңүт” апталык берүүсүндө мына ушул маселе талкууланды.

Бийиктиги 900 метр, аянты 45 гектар келген, Кыргызстан Үңкүр-Тоо, Өзбекстан Уңгар тепа деп атаган жапыз тоо кимге таандык экени акыркы эки жылда кеминде экинчи ирет күн тартибине чыгып отурат.

Өзбекстан менен Кыргызстан ортосундагы ички саясат, ички абал кескин түрдө айырмалангандыктан Кыргызстанда бул маселе боюнча талкууларга башында жергиликтүү тургундардан тарта жарандык активисттерге, саясатчыларга, акыркы келип расмий бийликтин жогорку өкүлдөрүнө чейин активдүү тартылып, талкууланууда.

Ташкент жактан болсо бул маселеге байланыштуу чек ара аскерлери курамына кирген Улуттук коопсуздук кызматынын кыска түшүндүрмөсү, райондук деңгээлдеги чиновниктин гана Үңкүр-Тоо бардык документтер боюнча Өзбекстандыкы деп ырастаган интервьюсу гана жергиликтүү интернет сайтта жарыяланды.

Талашка түшкөн Үңкүр тоо.
Талашка түшкөн Үңкүр тоо.

Расмий Ташкенттин "аскерлер менен брондуу техника чек арадагы такталбаган аймакка Нооруз майрамын утурлай коопсуздук жүйөсүнөн улам киргизилди" деген ырастоосуна кыргыз тарап, албетте, ынанган жок. Ташкенттин бул күтүүсүздөн эле күчүн көргөзгөн кадамын президент Алмазбек Атамбаев баш болгон расмий өкүлдөр башка тереңирээк себептер менен байланыштырууда.

Азыр Лондондо жашаган өзбекстандык саясат таануучу Алишер Илхамов “Азаттык” менен маегинде Өзбекстандын чек арадагы соңку аскерий жүрүшүнө ириде суу проблемасы түрткү бериши мүмкүндүгүн жокко чыгарбады:

- Мен азыр Өзбекстан менен Кыргызстандын карым-катышын Каримов менен Атамбаевдин эле жеке мамилесине байланыштырбайт элем. Бул жерде маселе кыйла тереңирээк жана эки өлкөнүн өкмөттөрү чек ара жана башка маселелер боюнча карманган жалпы багытка барып такалат. Бирок бул маселелердин эң башкы өзөгү, менимче суу. Ушуну эске алуу керек. Эмне үчүн Өзбекстан жөнү жок эле чек аранын такталбаган бөлүгүнө аскерлери менен кирип алды. Муну мен деле Өзбекстандын Орто-Токой суу сактагычына байланыштуу кырдаалга жасаган реакциясы деп баалайм. Ал эми суу сактагыч маселесин да кеңири контексте кароо керек. Бул баягы орустардын матрешкасы сыяктуу. Биз кырдаалды аңдап, билгибиз келсе, анын баарын бирден ачып көрүшүбүз абзел. Азыркы инцидент Өзбекстандагы саясий маданиятты, башкаруу стилинин өзгөчөлүгүн, чечим кабыл алуу системасы борборлоштурулуп, президент Каримовдун өзү тарабынан көзөмөлдөнөрүн эске алганда бул аны менен түздөн-түз макулдашылышы толук мүмкүн.

Талдоочу Алишер Илхамов “Азаттык” менен маегин улантып чек арадагы соңку инцидент кыргыз-өзбек бийликтери ортосундагы ишенимсиздикти дагы күчөтүп, мындан аркы кызматташтыкка салым кошо албасын да белгиледи:

- Албетте коңшулар менен бардык чек ара маселелерин жөнгө салуу Өзбекстандын деле улуттук кызыкчылыктарына жооп бермек. Анткени, коңшулар менен азыркы алака-катыштын абалы жалпы аймактагы климаттын өзгөрүшүнө салым кошпойт да. Мисалы Европадагы окуялардын эле контекстинде карасак, тигил же бул өлкөлөрдүн коопсуздугуна терроризмден, “Ислам мамлекети” тобунан же анын түрдүү бөлүмдөрүнөн, экстремизмден туулган коркунучту чечүү тыгыз кызматташтыкты талап кылууда. Биздин аймактын өкмөттөрү деле адам укуктарына, демократияга караганда, коопсуздукту биринчи орунга чыгарып жатпайбы. Бирок ушул маселени да өлкөлөр ортосунда өкмөттүк деңгээлдеги, күч түзүмдөрү ортосундагы, тыгыз кызматташтыксыз чечүү мүмкүн эмес. Азыркы чыңалуу, тирешүү, белгисиздик, ар бир өлкөнүн эле эмес, жалпы аймактын саясий стабилдүүлүгүнө, коопсуздугуна да шек келтирүүдө.

please wait

No media source currently available

0:00 0:13:05 0:00
Түз линк

Ташкенттин чек арада аскер күчүн көрсөткөн соңку кадамына жооп кылып, президент Алмазбек Атамбаев Шанхай кызматташтык уюмунун июнда Өзбекстанда өтүүчү саммитине барбай коюшу мүмкүндүгүн жарыялап жиберди.

Эгер Атамбаев Ташкентке барбаса, байкоочулардын баамында, президент Каримов да август айынын соңунда КМШ лидерлеринин Кыргызстанда өтүшү керек болгон саммитине келбеши турган иш.

Каримовдун көз карашында ал башкарган Өзбекстан гегемониялык саясатты карманышы керек. Каримовдун мына ушул мүнөзү менимче коңшулар менен карым-катнашка терс кесепетин тийгизип келүүдө.
Ташпулат Юлдашев

Ошентип, Ташкенттин чек арадагы соңку жүрүшү анда-санда гана эл аралык жыйындарда жолуга калып жүргөн президенттер Каримов менен Атамбаевдин анчалык деле жакшы эмес мамилеси дагы бузулушуна, ажырым тереңдешине салым кошуп жатат.

Мындай шартта, Өзбекстандын бийлик системасын эске алганда, чек ара боюнча өкмөттүк комиссиялар деңгээлиндеги сүйлөшүүлөр жүргөн күндө да оң жыйынтык берери арсар. Өзү Кыргызстандын саясий чөйрөлөрүндө, коомдук пикирде коңшу өлкөнүн президенти чек ара такталышына кызыкдар эмес деген пикирлер үстөмдүк кылары белгилүү. Бул ойго “Азаттык” менен менен маегинде өзбекстандык мурдагы дипломат, азыр АКШда жашаган Ташпулат Юлдашев да кошулду:

- Мен Кыргызстандын жетекчилигинин Ислам Каримов коңшу өлкөлөр менен чек ара жана башка маселелер чечилишине кызыкдар эмес деген пикирине кошулам. Себеби, Каримовдо ушундай мүнөз, саясий багыт бар десек болот го, ал өзүнүн шарттарын калкынын саны салыштырмалуу азыраак, экономикасы салыштырмалуу алсызыраак коңшуларга таңуулап турууну көздөйт. Каримовдун көз карашында ал башкарган Өзбекстан гегемониялык саясатты карманышы керек. Каримовдун мына ушул мүнөзү менимче коңшулар менен карым-катнашка терс кесепетин тийгизип келүүдө. Маселен, Казакстан менен Өзбекстан ортосундагы чек ара бат эле такталып, чечилишинин бирден-бир себеби, менимче, Астана Ташкент менен теңтайлаша алганында. Башкача айтканда, Өзбекстан коңшуларынын алсыз жактарын пайдаланууда. Бул жыйынтыгы жакшылыкка алып келбей турган ыкма. Менимче, чынында эле Каримов бийликте турган кезде чек ара проблемасы, коңшулар менен мамлекет аралык мамиленин башка маселелери чечилбей тура берет.

Жер талашта октон сотко артыкчылык берүү

Чек арада Өзбекстан аскер күчүн көргөзгөн соңку кризистен улам кыргыз расмий өкүлдөрү да Бишкек эл аралык уюмдарга кайрыларын айтып чыгышты.

БУУнун Эл аралык адилеттүүлүк сотуна барыш үчүн буга эки өлкө тең макул болушу абзел. Же алардын ортосунда эгер кандайдыр бир талаш чыкса, эл аралык сотто чечебиз деген, күн мурунтан кол коюлган келишим болушу керек.
Гбенга Одунтан

Чек ара талаштарын Бириккен Улуттар Уюму аркылуу чечүүнүн дүйнөлүк тажрыйбада кеңири колдонулуп келе жаткан бир механизми - 1945 -жылы түзүлгөн Эл аралык адилеттүүлүк соту.

Британиядагы Кент университетинин эл аралык укук боюнча окутуучусу, Африкадагы чек ара талаштары боюнча адис, доктор Гбенга Одунтан (Gbenga Oduntan) “Азаттык” менен маегинде чек ара талаштары сот аркылуу чечилген учурлары көптүгүн, бирок бул дагы узак убакытты талап кылган жараян экенин белгиледи:

- Эгер биз бир өлкөдөн болсок, мен сизди сотко берсем, каалайсызбы же каалабайсызбы сотко келесиз. Бирок бул эл аралык мыйзамда башкачараак. БУУнун Эл аралык адилеттүүлүк сотуна барыш үчүн буга эки өлкө тең макул болушу абзел. Же алардын ортосунда эгер кандайдыр бир талаш чыкса, эл аралык сотто чечебиз деген, күн мурунтан кол коюлган келишим болушу керек. Эгер андай келишим болсо алардын бири сотко автоматтык түрдө эле кайрыла алат. Бирок бул узакка созулган жараян болот. Маселени тоңдуруп салгысы келген кээ бир өкмөттөр сотко атайлап эле кайрылат. Себеби, иштин сотто каралышы кеминде бештен он жылга чейинки убакытты талап кылат. Мен сизге акыркы белгилүү бир ишти айтып берейин: Нигерия менен Камерундун Бакасси жарым аралы боюнча талашы сотто дээрлик он жыл каралды. Тараптар 1993-жылы арыз берип, иш 2003-жылга барып бүттү. Бул сот ишинде Нигерия утулду. БУУ сотунун чечиминен кийин Нигерия менен Камерун чечимди ишке ашыруу үчүн Улуттар Уюмунун катышуусунда орток комиссия түзүшкөн. Бирок ал коммиссия али ишин бүтө элек. Өзү чек ара талаштары эл аралык сотто каралган учурлар абдан эле көп. Менимче Эл аралык адилеттүүлүк соту караган иштердин жарымына жакыны деңиздеги, кургактагы чек ара менен байланышкан иштер. Мисалы Африка өлкөлөрүнөн берилген арыздардын мен так айта алам, үчтөн экиден көбү чек ара талаштары.

please wait

No media source currently available

0:00 0:11:06 0:00
Түз линк

Эл аралык укук жана чек ара талаштары боюна иликтөөчү Гбенга Одунтан “Азаттык” менен маегинде өзү эл аралык мыйзамдар чек ара талаштарын күч колдонуп чечүүгө так кесе тыюу саларын да кошумчалады:

- Эң башкысы Улуттар Уюмунун уставында эл аралык талаштар тынчтык жолу менен чечилүүсү керектиги белгиленген. Мен сизге ошол БУУнун уставынын үчүнчү беренесин айтайын, анда мамлекеттер ортосунда кандай талаш болбосун тынчтык жолу менен, сүйлөшүү аркылуу, сот аркылуу жана башка тынчтык ыкмалар аркылуу гана чечилүүсү керектиги көргөзүлгөн. Азыркы эл аралык мыйзамдар боюнча чек ара талашында аскер күчүн колдонуу, күч көргөзүү эгер өзүн өзү коргонуу үчүн гана болбосо, мыйзамсыз. Талашты чечүүнүн эң тез жолу эл аралык практика боюнча да албетте эки тараптын тикелей сүйлөшүүлөрү, экинчиси - биз жогоруда айткан Эл аралык адилеттүүлүк соту, үчүнчүсү - 1899-жылы түзүлгөн Гаага шаарында жайгашкан Туруктуу арбитраждык сот, төртүнчүсү - талашка тартылган тараптар өздөрү иргеген арбитрлер аркылуу чечүү, бешинчиси - эки тарап тең урматтаган, бейтарап деп эсептешкен таанымал, эл аралык чөйрөгө белгилүү адамды ортомчу кылуу. Мен жаңылбасам, Британиянын ханышасы араб дүйнөсүнүн эки өлкөсүнө чек ара талашында ортомчу болгон. Бул ыкмалардын баары - талашты чек арада бир дагы аскер, чектеш аймактардын бир да тургуну өмүрү кыйылбагандай чечүүгө үмүт арттырат.

БУУнун Эл аралык адилеттүүлүк сотуна чек ара талаштары менен өнүккөн да, өнүгүп келе жаткан да дүйнөдөн барган өлкөлөрдүн мисалы ондоп саналганы менен бул эл аралык укуктук механизм Кыргызстан менен Өзбекстан үчүн да иштей алат деп айтуу кыйын. Өзгөчө сотко кайрылуу баары бир эки өлкөнүн макулдашуусун талап кыларын эске алганда.

Узундугу 1354 чакырым келген кыргыз-өзбек чек арасында 58 талаштуу участок бар.

Бишкек Ташкенге экинчи нотасын жөнөттү

Кыргызстан менен Өзбекстандын желектери

Чек ара маселесине байланыштуу Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы дипломатиялык мамиле үзгүлтүккө учурашы мүмкүн.

Расмий Бишкек Ташкенден келген жооп ынанымдуу болбогондуктан Кербен-Ала-Бука жолу өткөн чек ара тилкесиндеги тосмолорду алып, куралдуу күчтөрүн жана аскер техникасын чыгарып кетүүнү талап кылган экинчи нааразылык нотасын Өзбекстанга жөнөттү.

Мурдагы тышкы иштер министри Аликбек Жекшенкулов тараптарды тирешүүдөн алыс болуп, жогорку деңгээлдеги саясий-дипломатиялык сүйлөшүүлөргө барууга үндөдү.

Ташкендин жообу

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Өзбекстандын тышкы саясат мекемесинен расмий Бишкектин нааразылык нотасына расмий жооп келгенин кабарлады. Анда өзбек тараптын жообунда “Чаласарт” чек ара аймагынан тосмолорду алуу, куралдуу күчтөр менен аскер техникасын чыгаруу боюнча кыргыз тараптын талабына ынанымдуу жооп болбогону көрсөтүлгөн.

Расмий Бишкектин 18-марттагы нааразылык нотасына карата Өзбекстандын Тышкы иштер министрлигинин жообунда “Өзбекстанда жылда Нооруз майрамына байланыштуу коопсуздукту жана коомдук тартипти камсыздоо максатында мамлекеттик чек араны кайтаруу күчөтүлгөнү" маалымдалган.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Нурлан Сүйөркулов Ташкендин мындай туюк жообуна карата кезектеги дипломатиялык кадамдар жасаларын белгиледи:

- Өзбекстан тараптан оң жооп болбогондуктан ушул окуяга байланыштуу кыргыз тарап чек ара сызыгы тактала элек “Чаласарт” тилкесине өзбек тарап тосмолорду коюп, куралдуу күчтөрүн жана аскер техникасын киргизип алууга мүмкүн эмес экенин дагы бир жолу кайталап эскертет. Өзбекстан мына ошол тилкеден тосмолорду алып, аскерлерин жана аскер техникасын чыгарып кеткенден кийин гана кыргыз тарап өзбек кесиптештер менен эки өлкө ортосундагы бардык маселелер боюнча конструктивдүү сүйлөшүүлөргө даяр.

Жекшенкулов: тирешүү пайда алып келбейт

Ошол эле кезде Кыргызстандын бийлиги Өзбекстан менен чек ара талашын жөнгө салуу үчүн ЖККУ жана ЕККУ сыяктуу эл аралык уюмдар аркылуу аракеттенүүгө өткөнү белгилүү. Расмий Бишкектин сунушу менен 22-мартта Москвада ЖККУнун туруктуу кеңешинин жыйыны өтүп, уюм кыргыз-өзбек чек арасындагы кырдаалга тынчсыздануу менен байкоо салып турганы кабарланган. Бирок анда кандайдыр бир чечим кабыл алынган эмес.

Кыргызстандын мурдагы тышкы иштер министри Аликбек Жекшенкулов чек ара көйгөйү алгач эки тараптуу шартта гана чечилерин айтып, кыргыз дипломатиясынын бул жагдайга байланышкан соңку кадамдарын төмөндөгүчө сынга алды:

- Эл аралык уюмдарга арачы болуп бергиле деген негизде адатта эки мамлекеттин ортосунда мамиле такыр болбой калган учурда гана кайрылат. Эл аралык тажрыйба ушундай. Биз бул багытта кандайдыр бир жогорку деңгээлдеги сүйлөшүүлөрдү жүргүзбөстөн эл аралык уюмдарга кайрыла баштаганыбыз бир аз туура болбой калат. Биздин дипломаттар нотаны улам жиберип коюп эле "биз каалагандай чечимдерге келбесе, анда дипломатиялык мамилени үзөбүз жана элчини чакыртып алабыз" деген кадамдар бул эң акыркы кадамдар болушу керек эле. Бул жерде жөн эле эки тараптын дипломаттары отуруп алып сүйлөшүшү керек. Азыркы дипломаттар сүйлөшө албай жатышса, анда өкмөт алардын ордуна башка дипломаттарды коюш керек. Нота жөнөтүп коюп отура берүү тирешүүнү тереңдетип, кырдаалды курчутууга гана өбөлгө түзөт.

Ошол эле кезде кыргыз өкмөтүнө жакын, ишенимдүү маалымат булагынын маалымдашынча, Ташкен менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдөн жыйынтык чыгарына ишеним болбогондуктан Кыргызстан учурда эл аралык уюмдарга кайрылууга аргасыз болду.

Ал арада президент Алмазбек Атамбаев бүгүн чек ара көйгөйү жөнгө салынбай турган болсо, быйыл жайында Ташкенде өтө турган Шанхай кызматташтык уюмунун жыйынына барбай турганын жарыялады. Талдоочулар президент Атамбаевдин чек ара талашы чечилбесе, Ташкенде өтө турган саммитке катышуудан баш тартуу чечимин демарш катары мүнөздөшүүдө. Анткени Ташкендеги жыйындын күн тартибинде Индия сыяктуу ири мамлекеттерди уюмга мүчөлүккө кабыл алуу маселеси каралат. Ага Кыргызстан катышпай турган болсо, анда тарыхый деп күтүлүп жаткан Ташкен декларациясы кабыл алынбай калышы мүмкүн дешет эл аралык мамилелер жаатындагы адистер.

Ошондой эле 24-мартта Кыргызстандын тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев казак кесиптеши Эрлан Идрисов менен телефон аркылуу сүйлөшкөнү кабарланды. Анда тараптар ЖККУ жана ШКУ алкагында аймактык коопсуздукту камсыздоо чаралары жана эки тараптуу кызматташтыктын олуттуу маселелери туурасында баарлашканы айтылган. Бул тууралуу таратылган расмий маалыматта 18-марттан бери Өзбекстан Кыргызстандын Кербен-Ала-Бука жолун бөгөп алган кырдаалга байланыштуу кандайдыр бир маселе көтөрүлгөнү кабарланган эмес.

Өкмөт: Үңкүр-Тоо өзбек тарапка өтпөйт

Кыргыз өкмөтү 24-мартта кыргыз-өзбек чек арасы боюнча атайын маалымат жыйынын уюштурду. Ошондой эле бул күнү жарандык активисттер Ак үй алдына нааразылык акцияга чыгып, өкмөттөн чечкиндүү аракеттерди талап кылды.

Өкмөттүн чек ара маселелери боюнча өкүлү Курбанбай Искандаров 24-мартта Бишкектеги маалымат жыйынында Үңкүр-Тоонун тегерегиндеги сөздөр боюнча буларга токтолду:

- Үңкүр-Тоону өзбек тарапка өтүп кетиптир деген маалымат жалган. Ал өтпөйт эч качан, биз берген жокпуз. Ал жерде делимитация иштери боло элек. Ушул өңдүү 58 аймак бар. Токтом чыгарыптыр деген болбогон сөз, өкмөттүн эч кандай токтому жок.

Аксы районундагы Кербен шаардык кеңеши Үңкүр-Тоодогу телерадио сигналдарын таратуучу станцияга байланыштуу өкмөттүн протоколун 23-мартта талкуулап, колдогон эмес. Искандаров өкмөттүн бул сунушунун максаты маалыматтык коопсуздукту күчөтүү жана байланыштын сапатын жакшыртуу үчүн Үңкүр-Тоо аймагындагы “Кербен" радиорелейлик станциясына кошумча станция куруу болчу деп түшүндүрдү.

Ак үй алдына чыккан жаштар

24-мартта Ак үй алдына чыккан "Жаңы муун", "Кыргыз чоролору" жана башка коомдук уюмдардын өкүлдөрү өкмөттөн чек арада түзүлгөн кырдаалды чечүүнү, элге толук кабар берүүнү, Үңкүр-Тоо өзбек тарапка өттү деген маалыматтын чын-төгүнүн түшүндүрүп айтууну талап кылышты.

Акцияга чыккан отуздай адам азыркы оппозицияны колдобой турганын, бирок талаптары аткарылбаса, өкмөттүн кетишин, парламентти таркатуу чакырыктары менен митинг башташарын эскертишти. “Кыргыз чоролору” уюмунун жетекчиси Замир Кочорбаев:

- Эгер бул маселе чечилбей, депутаттар жерине барып абал менен таанышпай, шалаакылык мамиле жасай турган болсо, биздин кийинки кадамдарыбызда өкмөт, парламент тарасын деп митингге чыгышыбыз толук мүмкүн.

"Кыргыз чоролору" Ак үй алдына чыкты
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:27 0:00

Өзбек тараптын Үңкүр-Тоо боюнча пикири​

Расмий Ташкен Кыргызстандын антенналары 2007-жылдан бери аталган тоодо мыйзамсыз турат деп доомат койгону бар. Кыргызстан болсо жер тактала электигин билдирип келет. Үңкүр-Тоого байланышкан маселе 2013-жылы 22-сентябрда дагы көтөрүлгөн. Анда күтүүсүздөн тик учак менен учуп келген өзбек чек арачылары телерадио сигналдарын таратуучу станцияга кирип барган. Анда сүйлөшүүлөрдөн кийин аларды кыргыз тарап артка кайтарган болчу.

2013-жылдын 23-октябрында Өзбекстандын Наманган облусунун Чартак район акимиятынын өкүлү Абдусамат Исабаев Podrobno.uz маалымат сайтына берген маегинде Үңкүр-Тоо Өзбекстандын аймагы экенин айткан. Ал аталган аймакта кыргыз тараптын сигналдарын таратуучу гана антенналары орнотулуп калганы болбосо, ал Өзбекстандын жери экенин билдирген. Ошондой эле кыргыз тарап өзүмбилемдик менен ал жерге кийин да кошумча антенналарды орнотконун айткан. Абдусамат Исаевдин пикиринде, Үңкүр-Тоо Өзбекстанга таандык.

- Кыргыз тараптын Үңкүр-Тоо боюнча айткандары эч кандай негизи жок. Бул анык. Өзгөчө белгилеп коюш керек, бул атүгүл талаштуу участок эмес. Талкууланып жаткан тоо Кыргызстанда айтылып жаткандай чек арада эмес, Өзбекстандын Наманган облусуна карай 800 метр ичте жайгашкан.

Чырга Орто-Токой себеп болдубу?

Кыргыз өкмөтү чек арадагы соңку окуяга Орто-Токой суу сактагычы себеп болушу ыктымал деген позицияны карманууда. Өкмөттүн жүйөсүндө совет мезгилинде курулуп, бүгүнкү күндө өзбек тарап колдонуп келаткан Орто-Токой суу сактагычын оңдоп-түзөйлү деген нота жиберген. Кыргыз өкмөтү өзбек тараптын суу сактагычты оңдойбуз деген сунушуна макул болгон эмес.

Өкмөттүн чек ара маселелери боюнча өкүлү Курбанбай Искандаров ушул сыяктуу талаштуу аймактарда жайгашкан объекттерди өзүнө каратып алуу боюнча кыргыз өкмөтү чечкиндүү кадамдарды баштаганын билдирди:

- Сариевдин атайын буйругунун негизинде Ноокен районундагы төрт насостук станцияны өзүбүздүн менчигибизге кабыл алдык. Булар чоң объекттер. Ошондой эле Кадамжай районунан үч объектти өзүбүзгө кабыл алдык. Ал эми Орто-Токой суу сактагычы боюнча да жумушчу топ түзүлүп, өзүбүзгө кабыл алуу боюнча чечим чыгыш керек.

18-мартта Кыргызстандын Чаласарт аймагында өзбек аскерлеринин пайда болушу кыргыз-өзбек мамилелериндеги жаңы чыңалууну пайда кылды.

Al: Өзбек түрмөсүндө кыйноо күч

Amnesty International уюму кыйноолорду токтотуу талабы менен Өзбекстандын Берлиндеги элчиканасынын жанында уюштурган акция. 2014-жыл, октябрь.

Эл аралык Amnesty International уюму Өзбекстандын түрмөлөрүндө кыйноолорго каршы өнөктүк башталганын жарыялап, өзбек бийлигине кайрылуу жолдоду.

23-мартта чыккан маалыматта айтылгандай, Ташкенттеги “Таштүрмө” жана Каракалпакстандагы “Жаслык” түрмөсү аёосуз кыйноолор колдонулган абактар деп табылды. Эл аралык укук коргоочулар кыйноолорду азайтуу жаатында өзбек бийлигине бир канча жылдан бери сунуштарды айтып келет, бирок абал өзгөрүүсүз кала берүүдө.

Amnesty International уюму жарыялаган баяндамада ишкер жана кинопродюсер Мирсобир Хамидкараевдин тагдыры сүрөттөлөт. Аны 2014-жылдын 9-июнунда Москвада белгисиз кишилер уурдап кетишкен:

- Ал таксиде аялын күтүп отурган эле. Жубайы ооруп жаткан уулуна дары алуу үчүн дарыканага кирип кеткен. Ошол учурда такси менен эки киши келип, аны машинеден күч менен түшүрүшкөн жана белгисиз жакка алып кетишкен. Москвадагы жертөлөлөрдүн биринде Мирсобирдин башына мүшөк кийгизип, сабашкан. Андан соң аэропортко алып барышып, Өзбекстандын күч органында иштегендерге өткөрүп беришкен,- деп айтылат баяндамада.

Мирсобир Хамидкараев түрмөдө.
Мирсобир Хамидкараев түрмөдө.

Эл аралык уюмдун маалыматына караганда, Мирсобир Хамидкараевдин жакындары анын дайынын таппай, эки жума убара тартышкан. Жарым айдан соң Өзбекстандын Ички иштер министрлиги Мирсобирдин апасына кабар берип, ал убактылуу кармоочу жайда экенин маалымдашкан. Анда деле жөн эмес, үйүн тинтүүгө алганы келген кезде кабарлашкан. Хамидкараевдин Москвадагы адвокаты коргоп жаткан кишиси Ташкентте камакта жатканы тууралуу бир айдан ашуун убакыт билген эмес.

Өзбекстандын баш калаасындагы эң эски абактардын бири саналган “Таштүрмөдө” Мирсобир Хамидкараев эки ай бою кыйноого кабылган. Маалыматтарга караганда, аны тергөө бөлмөсүндөгү темир торго байлашып, зомбулук менен суракка алышкан. Бул аралыкта аны бир канча тиши жана кабыргасы сынган. Жакындары алып келген тамак-аш жана буюмдарды ага беришкен эмес. Москвадан келген адвокаты менен сот залында гана көрүшкөн.

- Абактын кызматкерлеринин максаты анык болчу – алар кандай жол менен болбосун, ага коюлуп жаткан күнөөлөрдү моюнуна алдырууну көздөшкөн, - деп жазылат эл аралык Amnesty International уюму тараткан билдирүүдө.

Мирсобирди уурдап, түрмөгө тыгышкандан бери эки жыл өттү. Азыр ал Навои шаарындагы колонияда жатат. Сот аны 2014-жылы сегиз жылга эркинен ажыраткан. Ден соолугу начарлап, тиштери сынгандыктан, тамак-аш жегенде кыйналат. Маалыматтарга караганда, ага улам-улам туздуу суудан башка эч нерсе жеп-ичкенге уруксат бербеген кыйноону да колдонушат.

Мирсобир Хамидкараев 2010-жылы мамлекеттеги адилетсиздиктерге чыдабай, Ташкенттин саясатын сындап, Орусияга көчүп кеткен эле.

Мирсобир менен тагдырлаш кишилер Өзбекстанда ондоп саналат. Эл аралык уюмдардын адам укуктарын сактоо боюнча бийликке айтып келаткан сунуштарынан майнап чыга элек.

Amnesty International уюму жүргүзгөн изилдөөгө ылайык, Өзбекстанда эң көп жана адам чыдагыс кыйноолор колдонулуп келаткан жабык жайлардын сап башында “Таштүрмө” жана Улуттук коопсуздук кызматынын Каракалпакстанда жайгашкан “Жаслык” түрмөлөрү турат.

Кыйноолорду токтотуу максатында Amnesty International уюму активисттерге жана уюм менен тилектеш башка бирикмелерге “Биз билебиз, бул жерде кыйноо колдонулуп жатат. Аны токтоткула!” деген кайрылуу жолдошту.

- Өзбекстан жабык мамлекет болгону менен, эл аралык уюмдар бул мамлекеттин түрмөлөрүндөгү абалдан кабардар экенин, кандай өкүмзордуктар орун алып жатканын билишет,- деп белгиленет билдирүүдө.

Уюм “Таштүрмө” менен “Жаслык” жабык жайларынын спутниктен тартылган сүрөтү түшүрүлгөн катты өзбек бийлигине жолдоп, анда адам укуктарын сактоого чакырык жасалганы кабарланды.

Өзбекстанда адвокаттардын жана эл аралык укук коргоочулардын ишмердиги чектелген. Кыйноолор жана башка адилетсиздиктерге байланыштуу билдирүү менен чыккандар саясий куугунтуктоолорго туш болушат.

Түркмөн президенти чай тууралуу китеп жазды

Гурбангулы Бердимухаммедов

Түркмөн президенти Гурбангулы Бердимухаммедов Нооруздун алдында “Чай - дары жана эргүү” аттуу китебин чыгарды.

Билгендер президент тогуз жылга жетпеген убакытта 35 китеп жазганын белгилешип, чыгарманын баарын өзү жазарына ишенишпейт.

Президент Гурбангулы Бердимухаммедов эмгегин Мамлекеттик коопсуздук комитетинин жыйыны учурунда тааныштырды:

- Урматтуу туугандар! Жаз майрамын утурлай китебимди чыгардым. Ал "Чай – дары жана эргүү" деп аталат. Китебимди Нооруз майрамына карата сиздерге жана элиме белек кылам.

Анан вице-премьер-министр баштаган аткаминерлер кезектеше президенттин колунан китеп алышып, чекесине тийгизгенин жергиликтүү телеканалдар чагылдырышты.

Ушул жылдын январында эле түркмөн лидери өкмөт мүчөлөрүнө бир нече жыл чогулттум деген түркмөн макал-лакаптарынын “Акылмандык булагы” аттуу жыйнагын тапшырган эле.

Түркмөнстан Жазуучулар союзунун мурдагы төрагасы Аманмурат Бугаев китепканаларды кыдырып, миңдеген нуска менен чыккан президенттин акыркы китебин таппай келиптир:

- Негизи 10 -15 миң нуска менен чыгып турат. Азыркысы 2007-жылдан берки 35-китеби. Китептерин дүкөнгө чейин эле биздин улуу жагымпоздор аткаминерлер, уюмдар, билим берүү мекемелери талап кетишет. Ошон үчүн китеп дүкөндөрүнө сейрек келет.

Бердимухаммедовдун китептери ар кыл темаларда. Жылкы тууралуу “Ахалтекин – биздин сыймык жана даңк”, мындан башка “Бакыт кушу”, көп томдуу “Түркмөнстандын дары өсүмдүктөрү” аттуу китептери айрыкча белгилүү. Чай тууралуу китептин сыясы кургай электе, апрелде өтчү күлүк майрамында дагы бир китеби чыгары кабарланды.

Маркум түркмөнбашы Сапармурад Ниязов да бир топ китептердин автору катары белгилүү болгон. Анын тарыхый-философиялык “Рухнамасы” эл арасында тумардай кабыл алынчу.

Түркмөн президентине сыйынуу
please wait

No media source currently available

0:00 0:00:53 0:00

Бирок аксакал жазуучу Бугаев мурда-кийин түркмөн президенттеринин бири да аларды өз колу менен жазганына ишенбейт:

- Мунун баары шек жаратат. Мен кесипкөй жазуучу, жазуучулар союзунун мурдагы төрагасы катары айта алам. Биз бир ырды жаратыш үчүн кээде бир-эки жыл кетет. Бул жерде таңкалычтуусу президенттин китептери жалпы 60 миң бет болуп атат. Бу киши азыркы замандын Ленини, Сталини. Болгону алардан таланттуураак, акылдуураак, ар тараптуу кылып көрсөтүлөт.

Мындан тышкары, президент Бердимухаммедов спорт менен машыгып, велосипед тээп, ырдаганга да убакыт табат. Вертолет айдаганы, күлүк чапканы, анда марага биринчи келгени белгилүү.

Ошол эле учурда жазуучу Аманмурат Бугаев өзүнүн жана башка дагы бир топ акын-жазуучулардын чыгармалары бийлик идеологиясын жактаган нукта жазылбаганы үчүн Советтер Союзу тарагандан бери бастырылбай, тыюу салынганын айтат.

Ал ошон үчүн китептерин чет өлкөлөрдөн чыгарууга аргасыз болуп келет.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG