Тажикстандагы Рогун ГЭСин акыры италиялык компания курмай болду. 4 миллиард доллар деп бааланган ГЭСти куруу боюнча өткөрүлгөн тендер италиялык Salini Impregilo SpA компаниясы утканы расмий жарыяланганы менен каржы булагы сыр бойдон калууда. Рогун ГЭСин куруу Тажикстандын улуттук кыялы десе болот.
Казакстанда мектептеги билим берүүнүн сапатын жакшыртуунун радикалдуу ыкмасын колдонууга өтүштү. Улуттук тестте начар жыйынтык көрсөткөн мектеп жетекчилерин кызматтан алуу өнөктүгү күч алууда. Мындай чарага нааразы болгон директорлор президентке чейин кат жазып, кызматын сактап калуу аракетинде.
1916-жылдагы көтөрүлүш тууралуу фотоклип. Фотодокументтер Казакстандын борбордук мамлекеттик музейинен алынган. "Азаттыктын" казак кызматы даярдаган материал.
Палван Махмуд 1247-1326-жылдары байыркы Хивада жашаган. Ал Хорасан менен Индустанда желкеси жерге тийбеген балбан, сопу акын болгон. Анын күмбөзү бүгүн хорезмдиктер гана эмес, башка өлкөлөрдөн да келген зыяратчылар ибадат кылган жай.
Акыркы жума ичинде орусиялык маалымдоо каражаттары Кыргызстанда балдардын көп чарчап жатышы, жарандык боюнча тажик-кыргыз макулдашуусунун жокко чыгарылышы, өзбек-тажик алакаларынын жакшырышы тууралуу жазып чыкты.
Тажикстан 30-июнда Кыргызстан менен “Жарандыкты жөнөкөйлөштүргөн жол менен алуу” тууралуу макулдашуусун жокко чыгарды. Билгендер бул ансыз да кыйынчылыкта жашаган Тажикстандын Жерге-Тал, Мургаб райондорундагы кыргыздарды катуу убайымга саларын белгилешүүдө.
Ташкентте Каримовдун кашында туруп, өлкөдөгү эң ири каржы пирамиданы түзө алган Ахмадбай Турсунбаевдин кармалышы өзбек бийлигине абийир алып бербеди.
Көп жылдардан кийин «тарыхый мекеним» деп Тажикстандан, Өзбекстандан көчүп келгендердин баары эле Кыргызстанда жылуу кабыл алынып, колдоо таба алган жок. Кээ бирлери кайрадан кодуланып, жеңилдиктер тууралуу мурдагы убадалардын чекесин да көрө алышпады. Кайрылмандарга жер эле эмес, документ алуу да
Казакстан өзүнүн түштүк аймактарына кошумча сугат сууну мындан ары Кыргызстандан эмес, Тажикстандан алуу тууралуу сүйлөшүү жүргүзүп жатканы маалым болду.
Казакстанда мунайчылардын нааразылыгы токтой элек. Беш жыл мурун иштен айдалган мунайчылар Актоо акимиятына пикетке чыгышты. Бирок мурунку жумушчуларды Актоонун акими кабыл алган жок.
Тажикстанда өкмөт мүчөлөрү кызматка киришээр алдында президентке ак кызмат кылабыз деп ант бермей болушту. Анттын текстин тажик президенти Эмомали Рахмон өзү жазып берди. Аны бузгандар катуу жазаланары эскертилди.
Азыр Сирияда "Ислам мамлекети" террордук тобунун катарында согушуп жүргөн Абу Довуд Тажикстанда калган үй-бүлөсүнө жана жалпы тажик коомчулугуна Ютуб аркылуу эскертүү жолдоду. Мындан эки апта мурун ИГИЛдин жоокери Абу Давуддун мекенинде калган 4 жашар кызы белгилүү тажик ырчысын атасына окшоштурган видеосу интернетке тараган болчу.
Дагы жүктөңүз