Линктер

жекшемби, 21-июль, 2019 Бишкек убактысы 13:08

Борбор Азия

Мирзиёевди Дүйшөмбү шаң менен тосту

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин Тажикстандагы мамлекеттик иш сапары 9-мартта эртең менен башталды.

Мирзиёев Дүйшөмбүгө чоң план менен келди

Шавкат Мирзиёев менен Эмомали Рахмон. 9-март, 2018-жыл.

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин Дүйшөмбүдөгү эки күндүк мамлекеттик сапары башталды. Анын жүрүшүндө 25 документке кол коюлганы турат.

Тарыхый сапар

Өзбекстандын президенти Дүйшөмбүгө акыркы ирет 18 жыл мурун барган. Бирок эң жогорку деңгээлдеги - мамлекеттик сапар биринчи ирет болуп жатканы расмий белгиленди.

Шавкат Мирзиёев алака-катышты эл сагынып калганын Дүйшөмбүнүн көчөлөрүнөн өтүп баратып байкаганын айтты.

- Чынында бүгүнкү сапар тарыхый. Сиз жетектеген Тажикстан менен достук алакада өтө көп нерсе жасалды. Тажикстанда бүгүнкү жасалып аткандарды Өзбекстан эли, Өзбекстандын жетекчилиги толук колдойт. Бүгүн-эртең биз сүйлөшө турган документтер топтому биздин өнөктөштүктү жакын арада стратегиялык мамилеге жеткирет. Биз аны ырахаттануу менен ишке ашырабыз. Анткени биз муну абдан каалайбыз. Өзбекстандын тышкы саясаты - адегенде коңшулар менен жакындашуу. Өзгөчө Тажикстан менен, - деди өзбек лидери протоколдук амандашуу учурунда.

Андан соң президенттер өз ара жеке сүйлөштү. Ага журналисттер киргизилген жок. Кийин кеңири форматтагы жыйын өттү.

Өзбек-тажик делегацияларынын жолугушуусу.
Өзбек-тажик делегацияларынын жолугушуусу.

Коңшулук катышты калыбына келтирүү

Ислам Каримовдун тушунда Ташкент-Дүйшөмбү алакасы дурус болбогонун да азыркы өзбек лидери моюнга алды. Ортодо виза режими киргизилип, аба, темир жол каттамдары токтогон. Чек ара жабылган.

Акыркы бир жарым жылда 25 жыл токтоп турган аба каттамы кайра жанданды. Сапардын алдында өзбек-тажик чек арасындагы 10 авто жана темир жол өткөрмө бекети ачылды.

Отуз күндүк визасыз режим киргизилип, чек аранын жабыктыгынан улам 10-15 жыл катташа албай калган карапайым тургундар туугандарына жолугуп жатышат. Бүгүн ошол катташууну мындан ары жеңилдетүү жагы да сүйлөшүлдү.

Эки күн болчу сүйлөшүү учурунда ишкерлер форуму да өтөт. Жалпысынан инвестиция, каржы, транспорт-коммуникация, аймактардын ортосундагы кызматташтык ж.б. багыт боюнча 25 документке кол коюлганы турат.

Өткөн жылы эки кошуна 240 млн долларлык соода кылыптыр. Бул акыркы 20 жылдагы эң жогорку көрсөткүч. Мирзиёев аны жакынкы жылдары 500 млн долларга жеткирүүгө мүмкүндүк берчү потенциал бар деди.

Ал потенциалды бизге Тажикстан парламентинин төмөнкү палатасы, Мажлиси Намаяндагондун эл аралык комитетинин мүчөсү, депутат Саиджафар Исманов мындай чечмеледи:

- Мисалы, бизден ал жакка арзан айыл-чарба продукциясы кетет. А биз ал жактан газ алабыз. Бул Тажикстан үчүн эң маанилүүлөрүнүн бири. Сезон убагында электр энергиясын, минералдык жер семирткичтерди алса болот.Андан тышкары эки элдин бири бирине келип кетүүсүнүн өзүнөн эле акча түшөт. Алар куру кол келбейт да. Ошондой эле азыркы мүмкүнчүлүктөр майда ишкерчиликтин кеңейишине шарт түзөт. Өзбекстандын айыл-чарба, жеңил автоунаалары, электр жабдуулары биздин базарга кирип атат. Бухарадагы мунайды кайра иштетүүчү комбинаттын бензин, соляркасын ала алсак билесизби, импорттук күйүүчү майдын транспорттук жолу 3 миң чакырымга кыскарат.

Мындан тышкары, аймактагы суу ресурстарын сарамжалдуу жана калыс пайдалануу маселеси талкууланганын өзбек президентинин расмий сайты жазды.

“Ташкент бара-бара Дүйшөмбү менен бардык багыттар боюнча мамилесин өнүктүрөт”, - дейт Мирзиёев. Ал тажик президенти Эмомали Рахмонду Ташкентке мамлекеттик сапары менен келип кетүүгө чакырды.

2016-жылдын сентябрынан тартып Өзбекстанды башкара баштаган Шавкат Мирзиёев жогоруда белгилегендей, адегенде борборазиялык коңшулары менен мамилени жакшыртуу аракетинде.

Анын алгачкы чет өлкөлүк сапарын Түркмөнстандан баштаган. Былтыр сентябрда мамлекеттик сапар менен Кыргызстанга келген. Казакстанда ал эки ирет болду.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Мирзиёевдин Тажикстандагы тарыхый сапары

Шавкат Мирзиёев менен Эмомали Рахмон.

Орусиялык басылмалардагы макалаларга сереп.

Орусиялык басылмалар өзбек президенти Шавкат Мирзиеёвдин Дүйшөмбү шаарындагы иш сапарын “тарыхый окуя” деп аташты.

"Регнум" коңшулар ортосунда “кансыз согуш аяктады” деп жазат. Мирзиеёв Дүйшөмбүдө 9-10-мартта болот. Макаланын автору маркум президент Ислам Каримов расмий иш сапары менен Тажикстанда 18 жыл мурун болгонун эскерет. Ал эми Эмомали Рахмон Ташкентке 2001-жылы барган. Бул арада эки өлкө ортосунда экономикалык кызматташтык солгундап, соода-сатык эки эсе кемигени баяндалат. 2016-жылдын жыйынтыгында эки өлкөнүн соода-сатыгы 196 миллион долларды гана түзгөн.

Дүйшөмбүдөгү тажик-өзбек концертине даярдыктын алкагында өзбек желеги илинип жаткан учур.
Дүйшөмбүдөгү тажик-өзбек концертине даярдыктын алкагында өзбек желеги илинип жаткан учур.

Мирзиеёвдин сапарынын алдында Эмомали Рахмон Дүйшөмбүдөгү бакчага өзбек адабиятынын классиги Алишер Навоинин ысмын ыйгарганы айтылат. Кийин бакчада Алишер Навои менен тажик жазуучусу Нуриддин Жаминин эстеликтери тургузулмакчы. Навои менен Жами тажик-өзбек достугунун символу катары бааланып келет. Акындардын Самарканддагы эстелиги тогуз жыл мурун талкаланган болчу.

Серепчи Дмитрий Александров "Спутник" менен болгон маегинде Мирзиеёв Тажикстандын гидроэнергетикалык тармагына инвестиция салат деп болжогон. Ал эми ca-news.org сайты чек ара маселеси, соода-сатык, өндүрүш, транспорт жана инвестиция багыттарында эки тараптуу 25 келишим кабыл алынганы турганын белгилейт.

"EurAsia Daily" "казак парламенти АКШнын аскердик жүктөрү үчүн Каспий деңизиндеги портторун ачты" деп жазат. "Парламентская газета" белгилегендей, америкалык күчтөрдүн Ооганстанда аскердик операцияларды жүргүзүшү үчүн Казакстан аркылуу жүк өткөрүү тууралуу келишим 2010-жылдан бери бар. Бул жолу жүктөрдү Каспий деңизи аркылуу ташууга Курык жана Актау порттору ачылган. Келишимге өзгөртүүлөрдү киргизүүнү казак парламентинде 104 депутат колдогон.

Макалада Казакстан аркылуу 13 миң тонна жүк өткөрүлгөнү, казак өкмөтү мындан 620 миң доллардан ашык пайда көргөнү баяндалат. Курык – Казакстандын биринчи деңиз порту, ал жылына 4 миллион тонна жүк өткөрө алат. Ал эми Актау портунун кубаттуулугу жылына 19 миллион тонна жүктү түзөт.

"Russia Today" "25 жыл мурун Орусиянын аскердик күчтөрү Тажикстанды исламисттерден коргоп калган" деп жазат. 1993-жылы 8-мартта элүүдөй ооган жоочусу Пяндж суусу аркылуу Тажикстандын аймагын басып кирүүгө аракет кылганы, аларга орусиялык аскерлер каршылык көрсөткөнү баяндалат.

Автор мурунку совет республикасы биринчи президент Рахмон Набиев менен оппозициянын тирешүүсүнөн улам кооптуу абалда турганын эске салат.

"Тажикстандагы мындай абалды жөнгө салууда Орусиянын салымы зор болгон" деп жазат "Russia Today". Ошол жылы майда Москва менен Дүйшөмбү аскердик кызматташтык тууралуу бир катар келишимдерди түзүшкөнү белгиленет. 1992-2005-жылдары тажик-ооган чек арасында 500дөй кагылышуу болуп, орусиялык аскерлер 3 миңге жакын жоочуну жок кылганы жазылган. "Азыр ЖККУнун алкагында Орусиянын, Беларустун, Армениянын, Казакстандын жана Кыргызстандын 22 миңден ашуун аскери Дүйшөмбүгө жардамга келүүгө даяр" дейт "Russia Today".

"Регнум" Өзбекстанда эмгек мигранттарына темир жол жана аба каттамдарына 20 пайыздык жеңилдик берилгенин кабарлайт. 1-апрелден баштап Мамлекеттик миграция кызматы аркылуу чет жакка ишке барган өзбекстандыктар поезд жана учак билеттерин 20 пайыздык жеңилдик менен сатып ала алышат. Буга кошумча катары өкмөт мигранттарга жол чыгымдарын жабууга жылына 35-40 доллар жөлөкпул берет. Бирок мындай жеңилдиктер чет жакка өкмөт аркылуу ишке барган мигранттарга гана берилет.

Былтыр Өзбекстан Орусия менен эмгек миграциясын уюштуруу жөнүндө келишим кабыл алган. Агенттик быйыл бул келишим боюнча Орусияга 50 миңдей мигрант ишке жөнөтүлөөрүн жазат. Азыркы кезде Орусияда расмий маалыматтар боюнча 3,5 миллиондон ашуун өзбекстандык эмгек миграциясында жүрөт. Дээрлик бардыгы ишке өз алдынча орношкон.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Мирзиёевдин чабуулу, Кытайдагы бурулуш

Мирзиёевдин чабуулу, Кытайдагы бурулуш
please wait

No media source currently available

0:00 0:30:08 0:00

Жынысын алмаштыргандар үчүн күбөлүк

Жынысын алмаштыргандар үчүн күбөлүк
please wait

No media source currently available

0:00 0:14:42 0:00

Назарбаев бийликтен кетпестигин ишара кылды

Назарбаев бийликтен кетпестигин ишара кылды
please wait

No media source currently available

0:00 0:13:47 0:00

Мирзиёев ашкере шаан-шөкөткө каршы чыкты

Өзбекстандагы үйлөнүү тойлорунун бири.

Өзбек парламентинде өкмөттүк кызматкерлерге үйлөнүү тойлоруна барууга тыюу салган токтом даярдалууда. Бул тууралуу президент Шавкат Мирзиёев өзү айтып чыкты.

Шавкат Мирзиёев өлкөдөгү аткаминерлердин үлпөт тойлорго барышына тыюу салды. Ал жаңы эрежеге баш ийбегендерди иштен алып, түрмөгө камаарын да эскертти. 2-мартта "Азаттыктын" өзбек кызматына келип түшкөн аудио материалда Мирзиёев жаңы эрежеге баш ийбеген аткаминерлер кызматынан бошотулаарын эскерткени угулат.

- Министрлерге, акимдерге жана аткаруу бийлигинин өкүлдөрүнө үлпөт тойлорго барууга тыюу салынат. Мен бир эле чайхананын оозунан мамлекеттик номуру бар унаа көргөн күнү ошол кызматкерди иштен алып, жазалайм.

Мындай сөздөрдү Мирзиёев болжол менен 27-февралда Ташкентте өткөн жыйында айткан. Президенттин мындай кеби расмий басма сөз кызматында да, жергиликтүү маалымат каражаттарында да чагылдырыла элек.

Шавкат Мирзиёев.
Шавкат Мирзиёев.

- Бир да кызматкер, мен өзүм дагы, туулган күндөргө жана тойлорго барбайт. Ал заман өттү! Мунун баары адамдардын кыжырын кайнатып, ачуусун келтирип жатат. Мындай тойлор жогорку даражадагы кызматкерлерсиз өтөт. Премьер-министр өзүнүн орун басары менен тойго барса, баары карап турат… Сен ошол тойго кеткен 20 килограмм эттин ордуна бир кембагалга үйүн сырдаганга жардам бер, ага телевизор сатып бер, – деген президент.

Ал өлкөдө коррупцияны жоюш үчүн салтанаттуу үлпөт тойлорун өткөрүүнү жана ага өкмөттүк кызматкерлердин катышуусун тыюуга мажбур болуп жатканын билдирген.

Жетекчилерден бирөө, прокурор, аким, салыкчы же бажы кызматкери болобу, ушул эрежени бузса - ошол күнү түрмөгө түшөт.

- Биз үлпөт тойлорун өткөрүүнү тартипке салсак, коррупция жоголот, адамдар ыраазы болуп, калыстык орнойт. Баары бирдей той өткөрөт. Жетекчилерден бирөө, прокурор, аким, салыкчы же бажы кызматкери болобу, ушул эрежени бузса - ошол күнү түрмөгө түшөт. Антпесе калыстык болбойт. Премьер-министрдин орун басары укмуштуудай той өткөргөнгө акчаны кайдан алып жатат? Кичине ары жагын текшерсең, ал акча уурдалган!

Эми Өзбекстанда той ээлери коноктордун санын катуу чектеши керек болот. Жаңы токтом боюнча үйлөнүү тоюна эң көп дегенде 150 адам, таңкы ашка 200 адам гана чакырууга уруксат берилет.

- Биздин адамдар балдарынын тойлорун өткөрүүгө жана калың берүүгө 20 миң доллар табыш үчүн Орусияга ишке кетип жатышат, - деген Мирзиёев.

Тойлордо коноктордун санынан тышкары курак боюнча да чектөө киргизилмекчи. Үйлөнүү салтанатына жалаң гана жаштар катышса, карылар нике кыюуга гана чакырылмакчы.

Азырынча Мирзиёев айткан бул өзбек парламентинин токтому коомчулукка жарыялана элек.

Ташкенттеги үйлөнүү тойлорунун биринен тартылган сүрөт.
Ташкенттеги үйлөнүү тойлорунун биринен тартылган сүрөт.

Үйлөнүү тойлорун тартипке салуу тууралуу алгач Шавкат Мирзиёев былтыр августта Ташкент облусуна барганда айткан. Андан кийин өлкөнүн башка облустарында жергиликтүү кызматкерлер калкты тойлорду сарамжалдуулук менен өткөрүүгө чакыра баштаган.

Борбор Азия чөлкөмүндө Тажикстанда да той-аш өткөрүүгө мыйзам чегинде чектөө каралган. "Каада-салтты, салтанат менен жөрөлгөнү тартипке салуу жөнүндө" мыйзамга былтыр президент Эмомали Рахмон кол койгон. Анда маркумдун жетилигинде, кыркылыгында жана ашында бодо мал союуга жана элге тамак берүүгө тыюу салган да жоболор бар. Ал эми үйлөнүү тойлорун тажикстандыктар үч саат ичинде өткөрүшү керек.

Былтыр бул мыйзам боюнча Тажикстандын Улуттук китепканасынын мурдагы башчысы Саифиддин Назарзода жоопко тартылган. Ал той-аш чыгымдарын чектеген мыйзамды бузду деген негизде соттолгон.

"Азаттыктын" архиви: Той менен кошо көбөйгөн обужок салттар

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Назарбаев: Иштегем, иштей берем

Назарбаевдин 5-марттагы парламенттеги кайрылуусу.

Казак лидери Нурсултан Назарбаев бийликтен жакын арада кетпей турганын ишара кылды. Ал 5-мартта парламенттеги кайрылуусунда элдин бейкуттугун камсыздайт делген беш планын жарыялады. Элбашынын кезектеги убадалары түкшүмөл ойлорго жем таштады.

Нурсултан Назарбаевдин казак парламентинин эки палатасынын биргелешкен жыйынындагы 30 мүнөттүк кайрылуусу бир нече жолу кол чабуулар менен коштолду. Ал министрлер менен депутаттарга кайрылып, “чоң долбоорлорго көңүл бурууга мезгил жеткенин”, стратегиялык программаларга өзү жетекчилик кыларын айтты.

Элбашы президенттик кызматтан жакын арадан кетпей турганын ишара кылганда залдагы аткаминерлер тура калып кол чабышты.

- Буга чейинки бардык шайлоолордо эл бир добуштан мени шайлаганын жакшы билебиз. Бул мен үчүн эң жогорку сыйлык. Дал ушул нерсе мага дем-күч берип келди. Элдин эртеңки күнгө ишенимдүү кадам ташташы үчүн мен иштегем, иштеп жатам жана иштей берем. Дал ушундан улам мен Казакстандын парламентинен элге жаңы социалдык демилгелер менен кайрылып жатам, - деди Назарбаев.

Элбашы биринчи демилгесин "турак жайга ээ болуунун жаңы мүмкүнчүлүктөрү" деп атады. Анын айтымында, үйдүн жалпы баасынын 20 пайызын алдын ала төлөгөн казак жарандарына 25 жылга 7 пайыздык ипотекалык кредит (учурдагы үстөк пайыз 15% түзөт) берилиши керек.

Назарбаев экинчи демилгеси катары 2019-жылдан тарта кирешеси аз жарандардын салыгын он эсе азайтууну, аларга бир пайыздык гана салык салууну сунуштады.

Нурсултан Назарбаевдин Алматыдагы эстелиги.
Нурсултан Назарбаевдин Алматыдагы эстелиги.

Үчүнчү демилге студенттерге арналды. Казак президенти билим берүү тармагында кошумча 20 миң гранттык орундар түзүлөрүн убада кылып, тиешелүү мекемелерди студенттер үчүн жатакана курууну караштырууга чакырды.

Мындан тышкары элбашы жеке бизнесин ачам деген айылдыктарга кредит берүүнү жеңилдетүүнү, акырында Казакстандын борбордук жана түндүк аймактарын газ менен камсыз кылууну сунуш кылды.

Бешинчи демилгеге ылайык, Кызылорда облусунан чыгып, Жезказган, Караганда, Темиртау, андан соң Астанага чейин жете турган газ кууру курулат.

Казак лидеринин элдин бейкуттугун камсыз кылууну көздөгөн беш планын коомчулук ар башкача талдап жатат.

- Бул сунуштарды ким ишке ашырат? Эгемендик жылдарында биз буга бир нече жолу ынандык окшойт. Биздин аткаминерлер абдан кооз долбоорлорду, абдан сапаттуу программаларды сунуштай алышат. Бирок алардын баары кагазда кала берүүдө, - деди экономист Айдар Алибаев.

Казакстандык дагы бир талдоочу Магбат Спанов казак бийлиги канча жылдан бери чечилбей келе жаткан маселелерге эмне үчүн азыр киришип жатканына көңүл бурууда. Ал адатта Казакстанда өткөөл мезгилдерде же шайлоолордун алдында калктын көйгөйлөрүнө маани берилерин айтты. Анын оюна укук коргоочу Инга Иманбай да кошулат:

- Бул кандайдыр бир саясий жараяндын башталып жатканынын белгиси экени түшүнүктүү. Ошондон улам бул популисттик сунуш эмеспи деген ойго кетип жатам. Себеби бизде жаштарды, алардын маселелерин саясий окуялардын алдында гана сурашат.

Казак президенти Нурсултан Назарбаев, кызы Дарига Назарбаева (солдо) жана Британ ханышасы Елизавета II менен анын жолдошу принц Филипп, Лондон, 4-ноябрь 2015-жыл.
Казак президенти Нурсултан Назарбаев, кызы Дарига Назарбаева (солдо) жана Британ ханышасы Елизавета II менен анын жолдошу принц Филипп, Лондон, 4-ноябрь 2015-жыл.

Саясат таануучу Айдос Сарым казак лидеринин буга чейинки жылдык кайрылууларында элдин көйгөйү эске алынбай калганын, бул жолку социалдык демилгелер бир жарым жылдан кийинки кезексиз шайлоолорго даярдык болушу мүмкүндүгүн "Азаттыктын" казак кызматына айтты.

Быйыл жыл башында казак лидери Нурсултан Назарбаев элге кайрылуусунда быйыл Казакстан “өндүрүштүк революция” жасоого бет алганын билдирген. Элбашы ал үчүн жаңы технологияларга негизделген 10 максатты атап, дал ушул жол менен Казакстан өнүккөн 30 мамлекеттин катарына кирет деп белгилеген.

Назарбаев СССР мезгилинен бери Казакстанды башкарып келе жаткан Борбор Азиядагы жападан жалгыз лидер. 2015-жылы кезектеги беш жылдык мөөнөткө шайланган.

Укук коргоочулар менен бийликти сындап жүргөндөр Назарбаев оппозицияны күч менен басып, демократиялык эмес шайлоолор аркылуу бийликтеги мөөнөтүн узартып келатканын белгилешет.

78 жаштагы элбашы "бийликти өткөрүп берүүгө камданууда" деген айың-кептер канча жылдан бери айтылып келсе да, анын белгиси же мураскердин анык карааны көрүнө элек.

Өткөн айда казак парламенти Назарбаевди өлкөнүн Коопсуздук кеңешин өмүр бою жетектей тургандай мыйзам долбоорун даярдап, макамын конституциялык органга теңеген.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Дарига Назарбаеванын атасына "каяшасы"

Дарига Назарбаева. 1-март, 2016-жыл.

Дүйнөлүк басма сөзгө баяндама (26-февраль - 5-март).

Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев бийликте турган адамдарды "мамлекеттик тилде эркин сүйлөбөйсүңөр" деп зекигенден көп узабай кызы Дарига Назарбаева Казакстанда орус тилинин статусун коргоп чыкты. Бул тууралуу "Eurasianet" аналитикалык басылмасы жазды.

26-февралда өткөн жыйында Нурсултан Назарбаев маалымат жана байланыш министри Даурен Абаев казакча берилген суроого жооп кайтара албаганы үчүн аны уяткарып, аткаминерлер мамлекеттик тилде эркин сүйлөшү керектигин эскерткен.

1-мартта Казакстан парламентинин Эл аралык мамилелер жана коргонуу комитетинин төрайымы Дарига Назарбаева өлкөдөгү улут аралык ынтымак үчүн орус тилине маани берүү керектигин айтып: "Эч ким орус тилин тыйган жок. Башкаларды сыйлап, тил маселесинде кызуу кандуулукка алдырбашыбыз керек. Бир да атуул сүйлөгөн тили үчүн кемсинбей, Баш мыйзам уруксат берген тилде бардык мамлекеттик ишмердик толук кандуу ишке ашканы жакшы", - деди.

"Eurasianet" атасы менен кызынын бул кайым айтышы өлкөдөгү мамлекеттик тил көйгөйүн дагы бир жолу ортого салганын, "чала казак" деген түшүнүк учурда курч сындалып, казакча эркин сүйлөй албаган аткаминерлер эл оозунда экенин, ушундан улам Назарбаев тил маселесине кылдат карашы керектигин белгилейт. Казакстанда казак тили мамлекеттик тил макамына ээ, ал эми орус тили улут аралык баарлашуунун тили болуп эсептелет.

Франциядагы уйгурларга көзөмөл күчөдү

Кытай бийлиги чет жактагы уйгур диаспораларын катуу көзөмөлгө алууда. "Foreign Policy" журналы Францияда жашаган уйгурлардын жеке маалыматын, сүрөттөрүн, ал тургай француз жубайлары тууралуу маалыматты Кытай бийлиги суратып жатканын кабарлайт.

Телефон, "WeChat" сыяктуу байланыш булактары аркылуу уйгурлар суракка алынып, алардын Кытайда калган жакындарынан тийиштүү маалыматтар талап кылынууда.

Парижде жашаган, жакында эле Франция жарандыгына өткөн уйгурлардын бири: "Мен эми кытайлык эмесмин, франциялыкмын. Ошентсе да алар Кытайда калган туугандарымды кыйнап жатышат", - деди.

Басылманын кабарчылары бул маселе боюнча эки өлкөнүн элчиликтерине кайрылып, бирок жооп ала алган эмес. Шиңжаңды байырлаган уйгурлар азыр бийликтин өтө катуу көзөмөлүндө. Алардын ДНК маалыматтары чогултулуп, "коопсуз" жана "кооптуу" деген эки топко бөлүнүп, жеке картасы электрондук чип менен жасалып, аларды атайын "кайра окутуу" лагерлерине жиберип "тарбиялоо" иши колго алынган.

Соңку жылдары Кытайдын бир нече шаарында бычак кармаган уйгурлар көчөдөгү элге кол салганы белгилүү. АКШ, Франция, Түркия, Австралия, Египет сыяктуу дүйнөнүн чар тарабында иштеп, окуп жүргөн уйгурларды бийлик Кытайда калган жакындары аркылуу коркутуп, мекенине кайтарууга аракеттенип жатат, деп баяндайт "Foreign Policy".

Үч диниятчы элди ынтымакка чакырууда

"Economist "журналынын соңку санында эң көп окулган макала "Раввий, имам жана пастордун дааваты" деп аталат. Өздөрүн "Амигос" ("Достор") деп атап алгандар 2001-жылдын 11-сентябрындагы Нью-Йорктогу кандуу калабадан бери диндер арасындагы толеранттуулукка үндөп келишет.

Жөөттөрдүн дин башчысы раввий Тед Фалкон, имам Жамал Рахман жана христиан пастору Дон Маккензи бири-биринин диний жөрөлгөлөрүн калк арасында аткарып жүрүшөт. Имам пастор менен раввийди намазга жыкса, раввий аларды Шаббат майрамында дуба окутууда. Бул үчөө Американы түрө кыдырып, диндер арасындагы ынтымакты 17 жылдан бери даңазалоодо. Алар Канадага, Жапонияга жана Жакынкы Чыгышка да барышкан.

Алардын тамашалуу, позитивдүү диний чогулуштарына катышкандар көп. Кээде пастор Маккензинин ордуна Дэйв Браун келип калат. "Economist" басылмасы "Ибраим пайгамдардын тукумунан тараган бөлөлөрбүз", - дешип, диниятчылар өз жүрүм-туруму менен курчуган диний кырдаалды жумшартуу жолунда жүрүшкөнүн белгилейт.

Кытайда байлар бийликтен четтетилүүдө

"Financial Times" гезити Кытай парламентинде чириген байлар азая баштаганына сереп салат. "Си Цзинпиндин жемкорлук менен күрөшүү саясаты жемишин берүүдө. Мисалы, 2012-жылдагы Кытай Компартиясынын жыйынына 209 миллиардер катышса, 2017-жылкы курултайга 153 миллиардер келди. Делегаттарды беш жыл сайын Компартиянын жергиликтүү бутактары тандашат.

2002-жылга чейин ишкерлердин бул маанилүү саясий жыйынга катышуусун бийлик колдоп келген. Бирок Си Цзинпиндин байлар менен кедейлердин ортосундагы ажырымды азайтууга багытталган жакырчылыкты жоюу программасына миллиардерлердин жыйынга катышуусу көлөкө түшүрчүдөй.

Быйылкы курултайдын эң бай делегаттары "Tencent" компаниясынын негиздөөчүсү, 47 миллиард долларлык байлыгы бар Пони Ма жана жакында эле атактуу "Daimler" компаниясына өнөктөш болгон Ли Шуфу болот. Алар курултайда маанилүү саясий чечимдер үчүн добуш беришет", - деп жазат "Economist".

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Өзбекстан: дагы бир прокурор камакка алынды

Өзбекстанда соңку он күн ичинде жакынкы мезгилге чейин эле прокуратура тармагында иштеген төрт таасирдүү адам кармалды. Кезектеги прокурор Ташкентте үй-бүлө мүчөлөрү менен чогуу кармалганы апта соңунда ачыкка чыкты.

Ташкент шаарынын прокурорунун мурдагы орун басары, юстиция министринин кеңешчиси Мираглам Мирзаевге кылмыш иши козголгонун Өзбекстандын Ички иштер министрлигинин өкүлдөрү билдиришти. Маалыматка ылайык, “Антибиотик” деген каймана ат менен менен таанымал 68 жаштагы бул прокурор менен бирге анын аялы жана уулу да кармалган.

“Азаттыктын” өзбек кызматы кабарлагандай, 23-февралда күч түзүмдөрүнүн беткапчан атайын тобу Мирзаев баш болгон бир нече кишини үйдөн башына кап кийгизип алып кеткенин күбөлөр көрүшкөн.

Мирзаевдин жубайы Мухаббат Хасанова Ташкент шаарынын Юнусабад районунун Адвокаттар коллегиясынын башчысы болуп иштесе, уулу Абдурашид Улуттук коопсуздук кызматынын Ташкент шаардык башкармалыгынын терроризм жана уюшкан кылмыштуулук менен күрөшүү бөлүмүн жетектеп келген. Азырынча аларга кандай айыптар тагылганы белгисиз.

Өзбекстандын Башкы прокуратурасы
Өзбекстандын Башкы прокуратурасы

Мираглам Мирзаев былтыр февралда президент Шавкат Мирзиёев ИИМ жана прокуратура кызматкерлерин сындагандан кийин иштен алынган. Ал мурдагы бийлик тушунда Өзбекстандын прокуратура органындагы эң таасирлүү фигуралардын бири болгонун бул теманы иликтеген “Азаттыктын” өзбек кызматынын журналисти Шухрат Бабаджанов билдирди.

“Мирзаев бизнесмендер үчүн маселе жараткан. Аялы жетектеген адвокатура болсо ал маселелерди акчага чечип берип турган. Ушундай схема жаратышкан. Ал 25 жыл иштеди. Алардын Өзбекстандын коопсуздук кызматынын мурдагы башчысы Рустам Иноятов менен тууганчылык мамилеси бар экен. Президент Мирзиёев мындай схеманы токтотмокчу болуп жатат окшойт”.

Үй-бүлөсү менен кармалган прокурор мурдагы башкы прокурор Рашид Кадыровго козголгон кылмыш ишине да тиешеси болушу мүмкүндүгү кабарланып жатат. Өзбекстандын Башкы прокуратурасын 2015-жылга чейин 15 жыл башкарган Кадыров 22-февралда кармалган. Ал “мамлекеттик мүлктү ээлеп алган» жана «чет өлкөлүк банктар аркылуу акчанын изин жашырган» деп айыпталып жатат.

Кадыровдун көп өтпөй анын ишине байланыштуу дагы эки прокурор кармалганы белгилүү болду. Баш прокурордун мурдагы орун басары 45 жаштагы Улугбек Суннатов 24-февралда үйүнөн кармалганын "Азаттык" радиосунун өзбек кызматына прокуратурадагы ишенимдүү булактар кабарлашкан.

Улугбек Суннатов
Улугбек Суннатов

2017-жылдын этегинен бери Ташкент облусунун прокурору болуп иштеген Суннатов 5-январда президент Мирзиёевдин буйругу менен “ишинде олуттуу кемчиликтерди кетиргендиги үчүн” кызматтан алынган.

Суннатов кармалган күнү Ташкент облусунун мурдагы прокурору Жамшид Файзиевди да тартип коргоо органдары өз үйүнөн кармап кетишкен. 26-февралда өлкөнүн Башкы прокуратурасындагы булактар кабарлашкандай, ага каршы мурдагы башкы прокурор Рашид Кадыровдун көрсөтмөсүнүн негизинде кылмыш иши козголуп, коррупция беренелери боюнча айып тагылган.

Президент Шавкат Мирзиёев былтыр августта өлкөнүн прокуратурасын сынга алып, мекеменин кызматкерлерин «эң башкы уурулар» деп атаган эле:

Өзбек президенти Шавкат Мирзиёев
Өзбек президенти Шавкат Мирзиёев

“Алар өздөрү башкы уурулар. Алардын үйлөрүн карагыла, алдындагы машинасын карагыла. Эмне алар атомдук реактор ойлоп таап жатышабы? Айрымдары фамилиясын туура жазганды билишпейт. Бирок тааныш-билиш кылып прокурор болуп алышкан.”

Айтор, Өзбекстанда соңку он күндө мурдагы башкы прокурор баш болуп кеминде төрт мамлекеттик айыпталуучу кармалып отурат. Алардын баары маркум президент Ислам Каримовдун тушунда таасирдүү адамдар болушкан. Коюлуп жаткан айыптар боюнча алардын пикирин билүү мүмкүн болгон жок.

Жакында Шавкат Мирзиёев Улуттук коопсуздук кызматын да сындап, анын ишин 1937-жылдардагы репрессияга салыштырган. Ал 16-февралда Бухарадагы кезектеги жолугушууда атайын кызматтын облустук башкармалыгындагы иштегендердин жосунсуз жоруктарын, күнөөсүз ишкерлерди камаган учурларын санаган.

Мирзиёевдин мындай кескин сындары жана соңку камакка алуулар Өзбекстандагы тазалануудан кабар береби же президент таасирдүү адамдардан арылууну көздөйбү? Азырынча бул суроо боюнча пикирлер бир кылка эмес.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Астана кара куурай өстүрөт

Иллюстрациялык сүрөт.

Тажикстан Өзбекстанга электр энергиясын жөнөтө баштайт. Казакстан кара куурайды өндүрүшкө колдонуш үчүн өстүрүүгө камынууда. Түркмөнстанда аялдар 8-мартка карата президенттен акчалай белек алышат.

"EurAsia Daily" басылмасы "Тажикстан Өзбекстанга электр энергиясын
апрелде экспорттой баштайт, анын өлчөмү жылына 1,5 миллиард киловатт-саатка чейин жетет" деп жазды. Басылма азыр Өзбекстандын түштүгүн Тажикстан менен туташтырган 60 чакырымдык электр зымдары оңдолуп жатканын кабарлайт.

Борбор Азияда бирдиктүү электр системасы совет доорунда иштеген. Кийин мамлекеттердин ортосундагы келишпестиктерден улам электр тармагындагы кызматташтык жоюлган.

Казакстандагы кара куурай.
Казакстандагы кара куурай.

"Московский Комсомолец" Казакстанда кара куурайды өндүрүшкө колдонуш үчүн өстүрүүгө даярдык жүрүп жатканын баяндайт. Ички иштер министри Калмуханбет Касымов 2 тонна кара куурай өстүрүүгө уруксат алыш үчүн февралдын ортосунда Улуттар Уюмуна кайрылганын билдирген. Демилге ишке ашса, тиешелүү министрликтерге өстүрчү жерлерди аныктоо, кайра иштетүү, уруксат кагаздарын берүү, көзөмөл милдеттери жүктөлөт. "Башкысы - казак парламенти мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизиши керек" деп жазат "Московский Комсомолец".

"Новая газета" болсо "Өзбекстан коңшулары үчүн инвесторго айланды" деп жазды. Макалада мартта өзбек президенти Шавкат Мирзиёев Дүйшөмбүгө барары айтылат. Андагы маалыматка караганда, эки тарап виза режиминен баш тартышы мүмкүн.

Басылмада аба, темир жол каттамдары жана чек ара бекеттери ачылып жатканы да жазылган. Андан тышкары Ташкент Дүйшөмбүгө 100 млн. доллар берүүгө макул. "Өзбекстанда былтыр 14 эркин экономикалык аймак түзүлгөн, эми Ташкент аларда өндүрүлгөн товарларды сатыш үчүн кошуна өлкөлөрдүн базарларына чыгууну көздөп жатат" деп жазат макаланын автору.

Түркмөн кызы 8-мартка карата алган акчалай белегин өөп жаткан учур.
Түркмөн кызы 8-мартка карата алган акчалай белегин өөп жаткан учур.

РБК басылмасы Түркмөнстанда аялдар 8-мартка карата президенттен
акчалай белек алышарын билдирди. Гурбангулы Бердымухамедов он жылдан бери кыз-келиндерге 40 манат же 800 сомго жакын акчалай белек берип жүрөт. "EurAsia Daily" мурунку президент Сапармурат Ниязовдун тушунда 8-мартты майрамдоо толук тыйылганын эске салды. Андагы маалыматка караганда, Ниязов аялдардын майрамын 20-мартка - апасынын туулган күнүнө жылдырууну көздөп, ага көнбөгөндөрдү аныкташ үчүн полиция рейддери жүргүзүлгөн.

"Регнум" Казакстанда зордукчулдарга каршы химиялык кастрация ыкмасы биринчи жолу сентябрда колдонулушу ыктымал экенин жазып чыкты. Сентябрда балдарга зомбулук кылганы үчүн камалган 58 киши эркиндикке чыкканы турат.

Казакстанда кабыл алынган жаңы мыйзам боюнча алар химиялык кастрация курсунан өтүшү керек болот. Агенттиктин маалыматына караганда, акыркы чечимди медициналык экспертизадан кийин сот кабыл алат.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Чыгыш Гутанын куну, түркмөн газын сатуу жолдору

Чыгыш Гутанын куну, түркмөн газын сатуу жолдору
please wait

No media source currently available

0:00 0:30:00 0:00

Диний билимсиздик. Агым. Аргасыздык

Диний билимсиздик. Агым. Аргасыздык
please wait

No media source currently available

0:00 0:18:06 0:00

Назарбаев казак тилинде иштөөнү талап кылды

Назарбаев казак тилинде иштөөнү талап кылды
please wait

No media source currently available

0:00 0:14:08 0:00

"Достук" бекети: соодадан чыккан тыгылыш

Жаз айларынан баштап Ош облусундагы кыргыз-өзбек “Достук” өткөрмө бекетин кеңейтүү иштери башталат.

Өрүк бизнеси жолун таба элек

Өрүк бизнеси жолун таба элек
please wait

No media source currently available

0:00 0:04:20 0:00

Чекисттерден кутулган өзбек мечиттери

Чекисттерден кутулган өзбек мечиттери
please wait

No media source currently available

0:00 0:30:31 0:00

Жаңы Баракта жашоого шарт жок

Жаңы Баракта жашоого шарт жок
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:08 0:00

Асылбек Супатаев: Уулум Кыргызстанда туулуп-өскөн

Асылбек Супатаев: Уулум Кыргызстанда туулуп-өскөн
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:25 0:00

Молдо Нияздын мектеби кейиштүү абалда

Молдо Нияздын мектеби кейиштүү абалда
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:33 0:00

Кыргыз-өзбек чек арасындагы тыгын

Кыргыз-өзбек чек арасындагы тыгын
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:21 0:00

Өзбекстандын мурдагы башкы прокурору камакка алынды

Рашид Кадыров.

22-февралда Өзбекстанда мурдагы башкы прокурор Рашид Кадыров камакка алынды. Бир нече булак, анын ичинде прокуратуранын өзүндөгү адамдар "Азаттык" радиосунун өзбек кызматына бул маалыматты бышыктады. Бирок башкы көзөмөл органы расмий тастыктай элек.

Экс-прокурор Рашид Кадыров бир нече жыл өзү жетектеген мекеменин имаратында сурак берип жатканын, аны менен кошо дагы эки прокурор кармалганын Өзбекстандын Башкы прокуратурасынын атын атабоону өтүнгөн кызматкери билдирди.

Дагы бир булактын ырастоосунда, экс-баш прокурорго "ири өлчөмдөгү мамлекеттик мүлктү кымырып алган" жана "чет өлкөдөгү банктар аркылуу арам акчаны адалдаган" деген айыптар коюлуп жатат.

22-февралдын кечинде Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынын өкүлү Кадыровдун камакка алынышы жөнүндө кабарды тастыктай да, төгүндөй да ала албасын кабарчыбызга билдирди. Мунун алдында экс-баш прокурордун уулу, 42 жаштагы Алишер он чакты күн мурун өлкөдөн качып кеткени тууралуу бейрасмий кабарлар тараган.

66 жаштагы Кадыров бул жогорку кызматты 15 жыл жетектеп, 2015-жылдын апрель айында иштен алынган.

Былтыр августта президент Шавкат Мирзиёев жыйындардын биринде прокуратураны катуу сындап, прокурорлорду "эң чоң уурулар" деп атаган. Ысымын айтпаганы менен, мамлекет башчы бул тармактагы кемчиликтер үчүн жоопкерчиликти мурдагы башкы прокурорго жүктөгөн:

- Биз жаңы баш прокурорду дайындадык, кызматкерлердин 80 пайызын кетирип, прокуратура органдарын "таштандылардан" тазаладык. Бирок баары бир прокуратурада буга чейинки уурулар системасынан калган кишилер бар. Биз прокуратураны андай кишилерден аягына чейин тазалайбыз.

Кадыров Өзбекстандагы эң бай адамдардын бири деген маалыматтар да бар. "Азаттык" радиосунун өзбек редакциясынын журналисттери ал өзү жана үй-бүлөсү Латвиядагы кымбат баалуу мүлккө ээ деген документтер менен таанышып чыгышкан. Кээ бир булактар ошондой эле Ташкент облусундагы медициналык товарларды чыгарган "Asia Trade" ишканасынын негиздөөчүсү Кадыровдун баласы Алишер болчу деп айтып беришкен.

Экс-прокурор Ташкенттеги Улуттук университеттин юридикалык факультетин бүтүргөн. Он чакты жыл коопсуздук комитетинин тергөө бөлүмүндө иштеп, 1992-жылы эгемен Өзбекстандын Улуттук коопсуздук кызматынын төрага орун басары болуп дайындалган. Эки жылдан кийин эле башкы прокурордун орун басарлыгына өткөн. 2000-жылдан тарта Башкы прокуратураны жетектей баштаган. Бул кызматты эки мөөнөт ээлеп, 2010-жылы парламенттин чечими менен үчүнчү мөөнөткө калтырылган.

Кадыровдун атасы СССР мезгилинде Коммунисттик партиянын Анжиян облустук комитетинин катчысы болчу.

Президент Мирзиёев маркум президент Ислам Каримовдун тушунда орногон репрессивдүү саясатка чекит коерун айтып келатат. 31-январда Улуттук коопсуздук кызматынын жетекчиси Рустам Иноятов кызматынан алынган. Ошондон кийин мамлекет башчы коопсуздук кызматынын ишмердигин 1930-жылдардагы сталиндик террор менен салыштырып, мекеменин ыйгарым укуктарын кыскартты.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Закиров: Кыргызстандын атына жамынган товар көп

Казакстандын Караганды шаарында Кыргызстандан өндүрүлгөн кийим продукциясында формальдегид уулуу заты табылганын бир катар казак маалымат булактары жазып чыкты.

"Азаттык" Соода жана өнөр жай палатасынын Текстиль комитетинин төрагасы Амир Закиров менен маектешип, бул кабар кыргыз өнөр жай тармагына кандай залакасын тийгизиши мүмкүн экенин сурады.

"Азаттык": Амир мырза, Кыргызстандын өндүрүүчүлөрү ушундай мүчүлүштүк кетириши мүмкүнбү?

Амир Закиров: Муну эксперттер көрүш керек жана албетте иликтөө жүргүзүлүшү керек. Бул товар кайсы жерден өндүрүлгөнүн, кайсы жерден келгенин иликтөөнү жүк ташуучу компаниялардан башташ керек деп ойлойм. Кайсы киши кайдан сатып алганын, кандай жол менен алып келгенин жана товар кайсы складда турганын текшериш керек. Формальдегиддин өзгөчөлүгүн көрүш керек да. Балким товар түз эле келген, бирок сактоочу камерага уу себилген болушу мүмкүн.

Экинчиден, азыр көптөр товарды Кытайдан өндүрүп, аны Орусиянын жана Казакстандын базарларында Кыргызстандын атынан сатып жатышат.

Үчүнчүдөн, Казакстан кытай-казак чек арасында "Хоргос" базарын ачышкан. Алар көптөн бери эле ошол базарды жарнамалап, бизге акысыз орун сунуштап келишет. "Хоргос" базарында Кытайдан келген сапатсыз кийимдер сатылат. Алматыдагы ишкерлер жакын болсо да ал базарга барбастан, "Дордойго" келип товар алышат. Балким бул "Дордойго" тиешелүү "кара пиар" болушу мүмкүн. Балким уулуу товар "Хоргостон" келип, бирок Кыргызстандыкы деп айтылып жатат. Кыргызстанда балдардын кийимин өндүрө турган эки же үч эле компания бар. Алардын баарынын сертификаттары бар.

"Азаттык": Товарды сатып алып жатканда анын сапаты тууралуу сертификаты болот эмеспи. Биздин өндүрүүчүлөрдө ошондой сертификаттар барбы?

Амир Закиров: Эгер базарда сатылган товарды айтсак, алардын сертификаттары жок. Эгер сатуучу өндүрүүчүлөр менен түздөн-түз иштесе, анда сөзсүз түрдө сертификат болот. Эгер бул товар чын эле бизден чыкса, анда күнөө бизде. Бирок Кыргызстандан өндүрүлбөгөн эле товарды бизге таңуулай берсе, анын бизге такыр тиешеси жок да, туурабы? Бул Кыргызстандын өндүрүүчүлөрүнүн аброюна шек келтирип жатпайбы. Аны биздин тиешелүү органдар изилдеп чыгыш керек деп ойлойм. Бул маселе көз жаздымда калбаш керек.

"Азаттык": Эгер бул "кара пиар" экени далилденсе эмне кылыш керек?

Амир Закиров: Эгер бул "кара пиар" экенин далилдесек, албетте биз аны юристтер аркылуу жолун таап, казак тарап өзүнүн билдирүүсүн артка кайтара тургандай кылыш керек. Муну министрликтин деңгээлинде жасап, өзүбүздү актап чыгышыбыз керек.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

"Өзбекстанга дарылануу үчүн барабыз"

"Өзбекстанга дарылануу үчүн барабыз"
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:20 0:00

Оштон кармалган укук коргоочу эркиндикке чыкты

Абактан чыккан укук коргоочу Исраил Халдаров (солдо) жана Саиджахон Зайнобиддинов. 22-февраль, 2018-жыл.

67 жаштагы Исраил Халдаров абактан чыккандан кийин Өзбекстандын азыркы президенти Шавкат Мирзиёевге, эл аралык укук коргоо уюмдарына ыраазычылык билдирди.

21-февралда өзбек бийлиги оппозициячыл “Эрк” партиясынын Анжияндагы облустук бөлүмүн жетектеген 67 жаштагы Исраил Халдаровду түрмөдөн чыгарды.

12 жыл абакта отурган активист шаршембиде Анжияндагы үйүнө келгенин укук коргоочу Саиджахон Зайнобиддинов “Азаттыктын” өзбек кызматына билдирди:

- 21-февралда Исраил Халдаров жазасын өтөгөн колониядан телефон чалышып, ал киши эркиндикке чыгарылганын айтышкан. Улуу уулу таң эрте барып, үйүнө алып келди. Мен барып көрүштүм. Саламаттыгы жакшы, эрки бекем.

Халдаров 2003-жылдан тартып оппозициялык "Эрк" партиясынын Анжиян облустук бөлүмүн жетектеген. 2005-жылдын 13-майындагы кандуу окуядан кийин шаардагы чыныгы абал тууралуу коомчулукка маалымат жеткирип турган. Анын ичинде Бабур аянтында өлтүрүлгөн адамдар көмүлгөн жайды да айтып берген.

Анжиян окуясынан кийин Өзбекстанда оппозициялык ишмерлер менен укук коргоочулар жапырт камакка алына баштаган. Айрым маалыматтарга караганда, 2005-жылдын этегинде саясий башпаанек издеген укук коргоочу коңшу Кыргызстанга качкан. Бирок 2006-жылы 10-июлда Халдаров Ош шаарында дайынсыз жоголуп кеткен.

Өзбек бийлигинин маалыматына караганда 2006-жылы 7-сентябрда Халдаров Улуттук коопсуздук комитетинин Анжиян облустук бөлүмүнө өзү колго түшүп берген. Бирок жанында жүргөндөр жана укук коргоочулар ал 2006-жылдын 10-июлунда Оштон кармалып, Өзбекстанга уурдалып кеткенин ырасташат.

Биз Ошто бир кафени ижарага алып иштетчүбүз. Ошондо ар күнү келип, «Исраилжан ака, ажайып жигитсиз да» деп бир капитан жана бир майор айланчыктап жүргөн.

- Эч кандай өзү барган эмес. Кыргызстандын 9-бөлүмүндөгүлөр (Ички иштер министрлиги) анын ар бир кадамын аңдып жүрүшкөн. Биз Ошто бир кафени ижарага алып иштетчүбүз. Ошондо ар күнү келип, «Исраилжан ака, ажайып жигитсиз да» деп бир капитан жана бир майор айланчыктап жүргөн. Акыры кармап, Өзбекстанга сатып жиберишти​, – дейт ошол маалда Ошто укук коргоочу менен чогуу жүргөн Абдужалил Рустамов.

Өзбекстандагы «Эзгулик» укук коргоо борборунун жетекчиси Васила Иноятова Өзбекстандын Башкы прокуратурасына жазган катына “Исраил Халдаров 2006-жылы июль айында облусттук коопсуздук кызматына өз ыктыяры менен келген» деп жооп алганын “Азаттыкка” билдирген эле.

2007-жылдын февралда Анжиян облустук соту укук коргоочуну “Өзбекстандын конституциялык түзүлүшүнө шек келтирген”, “мыйзамсыз коомдук жана диний уюмдарды түзгөн”, “чет өлкөгө мыйзамсыз жол менен чыккан жана Өзбекстанга мыйзамсыз жол менен кирген”, “жалпы коопсуздукка жана коомдук тартипке коркунуч туудурган материалдарды даярдаган, сактаган жана таркаткан” деп айыптап, алты жылга кескен. Абакта жүргөндө укук коргоочуга чегерилген жаза мөөнөтү үч жолу узартылган.

Халдаров жазасын толук өтөдүбү же мөөнөтүнөн мурда эркиндикке чыктыбы - азырынча тактоого мүмкүн болгон жок. Журналисттер укук коргоочунун өзү менен байланыша алган эмес.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG