Линктер

бейшемби, 18-июль, 2019 Бишкек убактысы 17:39

Борбор Азия

Ташкент: прокурордун азабын туугандары тартты

Өзбекстан. Tашкенттин прокурорунун мурунку орун басары.

Ташкент шаарынын прокурорунун мурунку биринчи орун басары Мираглам Мирзаевге таандык байлыкты издөө максатында анын жакын туугандарынын үйү тинтүүгө алынууда. Мурунку президент, маркум Ислам Каримовдун бийлигинин тушунда алардын үй-бүлөсү Өзбекстандагы бүтүндөй күч түзүмдөрүн көзөмөлдөп, ишкерлерден салык чогултуп жүргөнү айтылат.

Кылмыш иши ачылып, мүлкү териштирилип жаткан мурунку прокуратура кызматкери "байлыгын туугандарына каттатышы мүмкүн" деген шек менен анын жакындарынын үйүндө тинтүү жүрүп жатат. Үйү тинтилген үй-бүлө менен катышып жүргөн, аты-жөнүн атагысы келбеген ишкер буларды айтты:

- 1-июнда Мираглам Мирзаев жана анын жубайы Мухабат Мирзаеванын 20га жакын туугандарынын үйлөрүн күтүүсүздөн күч түзүмдөрү басышты. Тинтүүгө барган топ колуна эмне урунса баарын актылап, өздөрү менен кошо ала кетишкен. Алар таңгакталган акча, бриллиант жана алтын тагынчактар, автоунаа – ушулардын баарын сурабай эле жыйнап кетишти. Бирок ачыгын айтканда Мирзаев камалгандан кийин жакындары байлыгын жашырып бүткөн болчу. Ал эми тинтүү учурунда алынгандар - андан калган гана бөлүгү.

Өзбекстандын Башкы прокуратурасына караштуу Уюшкан кылмыштуулукка жана коррупцияга каршы күрөш башкармалыгынын карамагында кылмыш иши ачылган аткаминерлердин уурдаган мүлкүн изилдеп, мамлекетке кайтаруучу атайын топ түзүлдү. Аны Ташкент шаардык мажбурлап аткартуу бюросунун мурунку башчысы Улукбек Анваров жетектөөдө. Бул маалыматты 12-июнда Ташкенттеги күч түзүмдөрүнүн биринде иштеген кызматкер “Азаттыкка” маалымдаган жана 10 күн мурда тинтүү болгонун да ырастаган.

- Улукбек аке тажрыйбалуу тергөөчү болгону үчүн аны ушул кызматка чакырышса керек. Азыр анын мурунку иштеген ордундагы жетекчилик кызмат орду бош турат. Прокуратурага караштуу атайын топтун жумушуна салыкчылар жана ички иштер органдарынын кызматкерлери адис катары да катышууда. Бирок негизги тергөө ишин прокуратуранын кызматкерлери алып барып жатышат. Менин билишимче Мирзаевдердин жакындарынын үйүндөгү тинтүүнү да атайын топ жүргүздү.

Өзбекстандын Башкы прокуратурасы тергөөнүн кызыкчылыгына байланыштуу азырынча маалымат бере албастыгын гана билдирет. Ошондуктан тинтүү боюнча маалымат азырынча расмий түрдө тастыктала элек.

Өзбекстандын Башкы прокуратурасынын логотиби.
Өзбекстандын Башкы прокуратурасынын логотиби.

Бирок Мирзаевдердин туугандары менен байланышы бар жергиликтүү тургундун айтымында анын тинтүүгө кабылган жакындарына эч кандай кылмыш иши козголгон жок. "Туугандарынын арасында мамлекеттик кызматта иштегендери да бар, көпчүлүгү өтө бай ишкер катары белгилүү" деди ал.

Кылмышка шектүүнүн туугандарынын үйүн тинтип, мүлкүн алып кетүү канчалык мыйзамга туура келээрин Ташкент шаарындагы аты-жөнүн атагысы келбеген укук коргоочу мындайча түшүндүрдү:

- "Шектүүлөрдүн жана ага жакын адамдардын үйүн тинтүүгө алууну жана анын буюмдарын алып кетүүнү сот гана аныкташы керек” - деп айтылып жатат. Бирок азыркы мыйзам боюнча, тактап айтканда Кылмыш-процессуалдык кодекстин 20-беренесине ылайык тергөөчүгө да ушундай укук берилген.

Өзбекстан Республикасынын Кылмыш-процессуалдык кодексинин 157-беренеси боюнча кылмыш ишине далил болуучу буюмдар же документтер кайсыл жерде экендиги белгилүү болуп, аны кыдыруунун кажети жок болгон учурда сот же тергөө органдары аларды алып койгонго укуктуу.

Ушул эле кодекстин 158-беренесинде “текшерүүчү орган же тергөөчү териштирүү иштеринин жүрүшүндө кайсыл бир үйдө, мекемеде же жеке ишканада "зарыл буюмдар же документттер бар" деген маалыматтын негизинде тинтүү жүргүзүүгө акылуу” деп айтылат.

Тергөө учурунда тинтүүдөн улам буюмдарын тарттырып жиберген тургундар, анын Мирзаевдерге таандык эмес экендигин далилдей алса алар өзүнө кайтарылып берилет.

Мираглам Мирзаев жана Мухаббат Мирзаева кайда?

"Азаттыктын" өзбек кызматына маалымат берген күч түзүмдөрүнүн кызматкери Мухабат Мирзаева Ташкенттеги Гвардейский көчөсүндө жайгашкан тергөө абагында, уулу Ички иштер министрлигинин убактылуу кармоочу жайында экенин айтты:

- Эгерде жакында эле которуп жиберишпеген болсо, Мираглам Мирзияев учурда Өзбек ИИМдин Алмазар районундагы борбордук ооруканасында жатат. Денесинин оң тарабы иштебей, инсульт абалында жеткирилген. Сүйлөй да албайт. Мурда да эки жолу инсульт болгон. Бул тергөөдөн качуу үчүн атайын уюштурулган да болушу мүмкүн. Анткени Мирзаевди 6 кызматкер кайтарып жатат. Аялы, баласы жана дагы бир тууганы камакка алынган. Алар азыр көрсөтмө берип жатышат.

Көп жылдар бою Ташкент прокурорунун биринчи орун басары болуп иштеген Мираглам Мирзаев мурдагы бийликтин тушунда Өзбекстандын прокуратура органындагы эң таасирлүү фигуралардын бири болгон. Ал былтыр февралда президент Шавкат Мирзиёев ИИМ жана прокуратура кызматкерлерин сындагандан кийин иштен алынган.

Мирзаевдин жубайы Мухаббат Мирзаева Ташкент шаарынын Юнусабад районунун Адвокаттар коллегиясынын башчысы болуп иштесе, уулу Абдурашид Улуттук коопсуздук кызматынын Ташкент шаардык башкармалыгынын терроризм жана уюшкан кылмыштуулук менен күрөш бөлүмүн жетектечү.

Ошондой эле Мираглам Мирзаевдин жубайы Өзбекстандын Улуттук коопсуздук кызматынын мурунку башчысы Рустам Инаятовдун аялы менен туугандык мамиледе болгон. Ошол себептүү Мирзаевдер УКМКнын экс-төрагасы Иноятовдун көлөкөсүндө Өзбекстандагы бүтүндөй күч түзүмдөрүн тейлеп, ишкерлерден салык чогултуп турушкан. Бул маалыматты «Азаттыкка» берген интервьюсунда андан жабыр тарткан ишкер бышыктады.

Кезегинде Мирзаевдердин бай-манаптардай жашоосу коомчулукка жашыруун болгондуктан, азыр алардын сүрөттөрүн табыш кыйын.

Мирзаевдердин доору бүттүбү?

Ушул жылдын февраль айында Өзбекстандын Ички иштер министрлигинин өкүлдөрү Ташкент шаарынын прокурорунун мурдагы орун басары, юстиция министринин кеңешчиси Мираглам Мирзаевге кылмыш иши козголгонун билдиришкен.

Маалыматка ылайык, “Антибиотик” деген каймана ат менен таанылган 68 жаштагы бул прокурор менен бирге анын аялы жана уулу да кармалган. Азырынча аларга кандай айыптар тагылганы белгисиз.

Айтор, Өзбекстанда кийинки айларда мурдагы башкы прокурор баш болуп кеминде төрт мамлекеттик айыптоочу жана бир топ кызматкерлер кармалды. Алардын баары маркум президент Ислам Каримовдун тушунда таасирдүү адамдар болушкан. Коюлуп жаткан айыптар боюнча алардын пикирин билүү мүмкүн болгон жок.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Тажик муфтийи орозодо уят теманы козгоду

Иллюстрация

Тажикстандын ислам борбору жубайларын жыныстык катнашка мажбурлаган эркектерди айыптап чыкты. Бул боюнча коңшу өлкөнүн муфтийи атургай атайын фатва чыгарды. Өткөн жумада ушул эле муфтий болсо бокс менен эрежесиз эр урушту "арам" деп атаган.

Коңшу өлкөнүн муфтийи Саидмукаррам Абдулкодирзода жума намаз маалында элге насаат айтып жатып, “никедеги аялынын каалоосу жоктугун көрүп туруп жыныстык катнашка жана оралдык секске мажбурлаган эркектер күнөөгө батат” деп түшүндүргөнүн муфтияттын сайты жарыялады.

Тажик диниятчынын түшүндүргөнүнө караганда, жубайлар ортосундагы адаттан тыш сексуалдык мамилеге интернет жана уяттуу тасмалардын тараганы түрткү болуп жатат.

Муфтийдин жубайлар ортосунда оралдык секске жана аялдарды жыныстык катнашка мажбурлоого каршы фатва чыгаруусуна эки аялдын кайрылуусу себеп болгон.

Тажикстандын муфтийи.
Тажикстандын муфтийи.

Дүйшөмбүдөгү Ислам борборунун фатва бөлүмүнүн башчысы Жамолиддин Хомушдун түшүндүрмөсү мындай:

- Муфтиятка бул багытта эки аялдан кайрылуу келип түшкөн. Алар Орусиядан келген күйөөлөрү оралдык секске мажбурлап жатканын айтып, даттанышкан. Дин ишмерлеринен күйөөлөрү барган мечитте жума намаз учурунда насаат айтууну өтүнүшкөн экен.

Аты-жөнүн ачык жазуудан тартынган аялдар муфтиятка тоголок кат жазып тапшырышкан. Анткен менен күйөөлөрү кайсы мечитке барып, намазга жыгыларын так көрсөтүшкөн.

Ушул тапта Тажикстанда кээ бир интернет сайттарына катуу чектөө киргизилгени менен порносайттар эч бөгөтсүз ачылат.

- Мындай жосун биздин үрп-адатыбызга каршы. Мурда бул боюнча элде маалымат жок болчу, атүгүл сөз да болчу эмес, – деди Жамолиддин Хомуш.

Оралдык секс консервативдүү тажик коомунда анча жайылган эмес. Таанымал тажик дарыгери жана “Үй-бүлөлүк жашоонун сырлары” деп аталган китептин автору Мулозухур Тохири оралдык сексти дарыгерлер эркектик дарамети алсыздарга гана сунуштарын айтты.

Эки жыл мурда Тажикстандагы дин аалымы Кобилджон Боев эркек-аялдын кумар оюндарында колдонулган оюнчуктарды, желим куурчактардын сатылышын "акылга сыйбаган көрүнүш" деп сыпаттаган.

Боев аны “Аллах эркек менен аялды жаратканда коомдогу ордун жана аткаруучу ролун да кошо берген” деп чечмелеген. Диниятчы коомго “жат жана башка аракеттердин баары күнөө болуп саналат” деген оюн таңуулаган.

Көпчүлүк дин аалымдары аял-эркектин жыныстык байланышын ислам эрежелериндеги "Ижма" (бириккен аракет, эки тараптуу макулдук) түшүнүгү менен байланыштырат. Анткени эркек-аял ортосундагы мамилелер шарият менен да так жөнгө салынган.

Ислам бир жыныстагылардын никеге турушуна тыюу салат. Никеге турбаган аял менен жыныстык катнашка барууга жана жакын туугандардын баш кошуусуна жол бербейт. Ошол эле маалда никедеги жубайлардын ортосундагы жыныстык катнашка эч кандай чектөө жок, бирок баары аял-эркектин макулдугу менен гана ишке ашуусу зарыл.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Украинада жемкорлукту өзүнчө сот карайт

Украинада жемкорлукту өзүнчө сот карайт
please wait

No media source currently available

0:00 0:31:33 0:00

Теңтайлашкан темир жол долбоорлору

Борбор Азиянын картасы.

Шанхай Кызматташтык Уюмунун (ШКУ) кезектеги жыйынында Кытайдын Борбор Азия аркылуу өтө турган темир жол долбоорунун багыттары жарыяланды.

Казакстан "Бир алкак - бир жол" долбоорун өз аймагы менен алып өтүп, Орусия аркылуу Европага кеткен жогорку ылдамдыктагы темир жол магистралын өркүндөтүүнү сунуш кылды.

Өзбекстан Кытайдан Кыргызстан аркылуу өтүп, Ооганстан, Иран аркылуу Европага кеткен темир жол долбоорун колдой турганын жарыялады.

Логистика боюнча адистер Кытай үчүн Европа базарына чыгуудан мурун Ирандын мунайын ташуу зарыл экенин, ошондуктан Кыргызстан-Өзбекстан-Ооганстан-Иран темир жол каттамынын мааниси алар үчүн чоң экенин белгилешти.

Казакстан менен Өзбекстандын мүдөөсү

Кытайдын Циндао шаарында болуп өткөн саммитте Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев Шанхай Кызматташтык Уюмунун курамындагы мамлекеттердин экономикалык өнүгүшүнүн негизги өбөлгөсү катары жаңы эл аралык транспорттук ири долбоорду иштеп чыгып, ишке ашырууну сунуш кылды.

Нурсултан Назарбаев Европа менен Азияны бириктире турган жогорку ылдамдыктагы Бээжин-Астана-Москва-Берлин каттамы аркылуу өтчү евразиялык темир жол магистралын өркүндөтүү демилгесин көтөрдү:

Нурсултан Назарбаев.
Нурсултан Назарбаев.

- Евразияда жогорку ылдамдыктагы Бээжин-Астана-Москва-Берлин каттамы боюнча темир жол магистралын куруу идеясын ишке ашырууну мисал келтирет элем. Ушундай эле каттамдарды Шанхай Кызматташтык Уюмунун башка мамлекеттери аркылуу да өткөрсөк болот. Бул биздин уюм үчүн абдан маанилүү. Долбоорду ишке ашыруу ШКУ менен Евразия Экономикалык Биримдигинин өз ара кызматташтыгын бириктирип, анан келечекте Европа Биримдиги менен да ишке ашырсак болот.

Буга удаа эле Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиеёв Улуу Жибек жолун өркүндөтүүнү караган "Бир алкак-бир жол" долбооруна ылайык, Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан-Ооганстан-Иран темир жол магистралын курууну жакын арада ишке ашырууну сунуш кылды.

Ал бул темир жол долбоору аймак аралык транспорттук-транзиттик мүмкүнчүлүктү көбөйтүп, соода жүгүртүүнүн көлөмүн кескин арбытууга өбөлгө түзө турганын белгиледи. Өзбекстандын президенти Кыргызстанды аралап өтчү темир жол долбоорун колдой турганын айтты:

Шавкат Мирзиёев.
Шавкат Мирзиёев.

- Бизге дүйнөнүн ири базарларына чыгыш үчүн жаңы жана жакын жолдор керек. Биз Герат - Мазари-Шариф - Кытай - Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун курууну колдойт. Бул максатта Өзбекстанда ШКУ мамлекеттеринин темир жол тармагынын жетекчилеринин биринчи жолугушуусун өткөрүү белгиленип жатат. Мындан сырткары ШКУнун эл аралык транспорттук-логистикалык биримдигин түзүүнү карап көрүшүңүздөрдү суранам.

ЕАЭБ менен эсептешип, Ташкент менен такташкан Бишкек

Ошол эле учурда Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков Кытайдын "Улуу Жибек Жолу" концепциясынын алкагында "Бир алкак- бир жол" долбоорун Евразия Экономикалык Биримдиги менен айкалыштыруунун зарылдыгына токтолду.

Президент Сооронбай Жээнбеков эл аралык жүк ташуу үчүн ыңгайлуу шарттарды камсыз кылуу боюнча макулдашууну күчүнө киргизүүнү эртелетүү маселесин койду:

Сооронбай Жээнбеков.
Сооронбай Жээнбеков.

- Биз "Бир алкак - бир жол" долбоорун Евразия Экономикалык Биримдиги менен иш жүзүндө айкалыштыруу жагынан чара көрүшүбүз абзел. Бизге эл аралык жүк ташуу үчүн жагымдуу шарт түзүү тууралуу макулдашууну күчүнө киргизүү абдан маанилүү. Анан да бизге транспорттук байланышты өркүндөтүш үчүн автоунаа жолдорун өнүктүрүү программасын кабыл алууну тездетүү зарыл. Ошондой эле Кыргызстан транспорттук-экспорттук потенциалын күчөтүш үчүн Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жол долбоорун тез арада ишке киргизүүгө умтулат.

Транспорт жана жолдор министри Жамшитбек Калилов Кыргызстан бул темир жол долбоору боюнча Өзбекстан менен позицияларын такташып бүткөнүн билдирди. Ал учурда үч тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, эксперттик деңгээлде макулдашууга жетишүү үчүн жолугушуунун үчүнчү айлампасы Бишкекте өткөнү жатканын айтты:

Жамшитбек Калилов.
Жамшитбек Калилов.

- Өзбекстан биз ал темир жолду кайсы жагынан алып өтсөк да ага макул экенин билдирди. Биз азыр Кытай менен сүйлөшүү жүргүзүп жатабыз. Буга чейин эксперттик деңгээлдеги сүйлөшүүлөр Ташкентте, анан Бээжинде болгон. Эми жолугушуунун үчүнчү айлампасын Бишкекте өткөргөнү жатабыз. Темир жолдун каттамы менен анын эни макулдашылса эле андан аркы сүйлөшүүлөр башталат.

Иран мунайына кызыкчылык

Буга чейин кытай темир жолунун келечекте Казакстан жана Кыргызстан аркылуу өтө турган багыттары боюнча эл аралык жүк ташууда атаандаштык күчтүү болору айтылып келген. Анткени Кыргызстан -Өзбекстан - Иран багыты Кытай үчүн Казакстан аркылуу өткөн темир жол тоомуна караганда 950 чакырымга жакын экени белгиленип жүргөн. Бирок эксперттер арасында "бул эки долбоордун ортосунда атаандаштык болушу мүмкүн эмес" деген пикирлер бар.

Эксперт Жумакадыр Акенеев Кытай үчүн бул темир жолдун экономикалык жактан стратегиялык мааниси чоң экенин белгиледи. Анын айтымында, Кытай өзү өндүргөн товар агымын күчөтүүнү жана Иран мунайын ташууга жол ачууну көздөйт:

Жумакадыр Акенеев.
Жумакадыр Акенеев.

- Кытайдан биз аркылуу Өзбекстанга, андан ары Иранга чейин кеткен, анан Казакстан аркылуу Европага чейин кеткен темир жол - бул эки башка максаттагы темир жол магистралдары болот. Алар бири-бирине өз ара атаандаштык жаратпайт. Экөөнүн милдети эки башка. Бири саатына 340 чакырымдык ылдамдыкта экспресс-поезддер менен жүргүнчүлөрдү ташууга ылайыкташса, экинчиси оор жүк ташыйт. Анан калса биз аркылуу Иранга чейин кеткен темир жолго Кытайдын кызыгып жатканы да бекеринен эмес. Анткени Кытай бул темир жол аркылуу Ирандын мунай запастарына жетүүнү көздөйт. Ошондой эле Кытайдын өзү өндүргөн товарларларды суу жолдору, автоунаа жолдору жана темир жолдор аркылуу көптөгөн өлкөлөргө жеткирип, аларды сатуу менен өзүнө байлагысы келген стратегиялык пландары бар. Азыр Ирандын мунайынын негизги сатып алуучусу - Кытай мамлекети. Ал суу жолу аркылуу танкерлер менен ташылат. Ага альтернативдүү темир жолду биз аркылуу өткөрүп алса, Кытай Ирандын мунайын азыркыдан бир канча эсе көп ташып, өзүнүн энергетикалык кубаттуулугун арттырууга мүмкүнчүлүк алат.

Буга чейин Транспорт жана жолдор министрлиги бул эл аралык долбоордун алкагында Кыргызстандын аймагы аркылуу өткөн темир жол багытын аныктап, иштеп чыккан. Ал башында Эркечтам - Сары-Таш - Ош - Анжиян багыты боюнча сунушталса, кийинки долбоордо ал Торугарт - Ат-Башы - Ак-Талаа -Тогуз-Торо-Жалал-Абад багытын ичине камтыган. Сунуштала турган долбоор боюнча өлкөнүн ички аймагы аркылу өтчү темир жолдун узундугу 433 чакырымды түзөт. Кытайдын Борбор Азия аркылуу темир жол алып өтүү демилгеси акыркы он беш жылдан бери талкууланып келе жаткан.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Түркмөнстан мигранттарга мунапыс берет

Ашхабад аэропорту

Түркмөнстан миграциялык мыйзамдарды бузган жарандар үчүн мунапыс берүү маселесин карап жатканы белгилүү болду. Бул чара чет өлкөдө жүрүп, убагында биометрикалык паспорт албай калган түркмөн мигранттарына дагы тиешелүү.

Түркмөнстанда даярдалып жатканы айтылган жаңы мунапыска ылайык, эгер мигранттар мекенине өз эрки менен кайтса, жоопкерчиликтен толугу менен бошотулат. Миграция жана коопсуздук органдарынын кызматкерлери бул боюнча калк арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жаткан экен.

“Бул эмгек миграциясына кеткен түркмөнстандыктарды мекенине кайтып келүүгө шыктандыруу аракети”, - деп билдирди “Азаттыктын” түркмөн кызматына кырдаалды жакшы билген мамлекеттик кызматкер.

Түркмөнстанда биометрикалык паспорттор 2013-жылдан тарта пайдаланыла баштаган. Ал чет өлкөгө чыгуу жана кирүү учурунда колдонулат. Бирок негизинен чет жакта иштеген түркмөн мигранттарынын көбү өлкөдөн кайра чыгарбай коюшат деген кооптонуулардан улам Түркмөнстанга кайтып келишкен эмес жана паспорт албай калышкан.

2013-жылдан бери түркмөн жарандарына берилип жаткан биометрикалык паспорт.
2013-жылдан бери түркмөн жарандарына берилип жаткан биометрикалык паспорт.

Мыйзам боюнча чет өлкөдөгү түркмөн консулдуктары жарандарына биометрикалык паспортторду берүүгө милдеттүү. Деген менен иш жүзүндө бул дээрлик мүмкүн болбой келет.

Өкмөттөгү дагы бир булак Түркмөнстанда амнистия жолу менен мигранттарды артка кайтаруу аракети жүрүп жатканын «Азаттыктын» түркмөн кызматына ырастап, Миграция кызматы менен тартип коргоо органдарынын өкүлдөрү бул боюнча элди кыдырып, маалымат берип жүрүшкөнүн айтты.

Мигранттар бийликтин убадасына ишенеби?

Түркмөн жарандары башка борборазиялык көпчүлүк мигранттардай болуп Орусияда эмес, визасыз кирүү мүмкүнчүлүгү болгону үчүн көбүнесе Түркияда иштешет. Бул өлкөдөгү түркмөн мигранттарынын саны расмий документтерде 30 миңдей деп белгиленгени менен чыныгы сан мындан он эселеп көп болушу мүмкүндүгү кабарланып келет.

Стамбулда мигранттарга жардам берип келе жаткан “Түркпермит” ишканасынын жетекчиси Мурат Эршахиндин айтымында, Түркиядагы түркмөн мигранттары бийликтин айтканына ынанбай турушат.

- Соңку кабар Түркияда эски паспорту менен мыйзамсыз жүргөн түркмөнстандыктарды кубандырбай койгон жок. Бирок алар өкмөттүн убадасына ишенбейт. Ал үчүн президенттин буйругу расмий жарыяланышы керек жана айрым мигранттарга Түркмөнстанга барып, кайра Түркияга келишине уруксат берилиши керек, - дейт Эршахин.

Түркиядагы түркмөнстандык аялдар.
Түркиядагы түркмөнстандык аялдар.

Түркиядагы башка түркмөн мигранттары да жаңы чарадан күмөн санап турушканын “Азаттыктын” түркмөн кызматына айтышты.Түркмөнстандын расмий органдары миграциялык мыйзамдарды бузган жарандарга бериле турган мунапыс тууралуу маалымат берише элек.

Өзгөчө жаз айларынан бери түркмөн бийлиги атуулдарын жапырт өлкөдөн чыгарып жибербөө үчүн алардын көбүн чек арадан өткөрбөй жатканы кабарланып келет. Маселен 3-апрелде Ашхабад аэропортунда Түркияга учууга уруксат берилбеген жарандардын нааразылыгы тартылган видео интернетке тарап кеткен.

28-майда Түркмөнстандын баш калаасы Ашхабаддын аэропортунда Түркияга бара жаткен жеринен кармалган 53 жаштагы түркмөн аял мээсине кан куюлуп кетип каза тапканы ырасталды. Түркмөнстандын миграция кызматы анын уулуна учууга уруксат берип, бирок аялдын өзүн өлкөдөн чыгарбай койгон.

Ага чейин Түркмөнстандын чыгышында жергиликтүү бийлик коопсуздук органдарынын жардамы менен соңку үч жылдан бери Түркияда жүргөн аялдарды мекенине кайтаруу боюнча кысым көрсөтүп жатканы айтылган. Чектөөлөрдөн улам айрым түркмөн жарандары мурдагыдай Түркияга ээн-эркин чыга албай, Казакстан менен Өзбекстанга барып жатканын “Азаттыктын” түркмөн кызматы тастыктаган.

Каатчылык мигранттардын катарын калыңдатты

Түркмөнстанда миграцияга кеткен жарандардын санынын көбөйүшүнө өлкөдө соңку бир канча жылдан бери уланып жаткан экономикалык каатчылык себеп болууда.

Түркмөн президенти Гурбангулы Бердымухамедов.
Түркмөн президенти Гурбангулы Бердымухамедов.

Көгүлтүр отко бай Түркмөнстанда өзгөчө акыркы эки жылда ун, шекер сыяктуу күнүмдүк турмушка керектүү азык-түлүктөрдүн тартыштыгы пайда болуп, күйүүчү майдын баасы кымбаттаган. Адистер өлкөдөгү мындай абалды энергетика жаатындагы ийгиликсиз келишимдерден улам өкмөттүн кирешесинин азайганы жана кулач жайган коррупция менен түшүндүрүшөт.

12 жылдан бери өлкөнү башкарып келе жаткан президент Гурбангулы Бердымухамедовдун өкмөтү жана мамлекеттик телеканалдар өлкөдө каатчылык өкүм сүрүп жатканын четке кагып келишет. Алар мигранттар боюнча чектөөлөрдү да ачык тастыктабай турушат.

Ал арада түркмөн президентинин кезектеги жаңы китеби жарык көрдү. Бердымухаммедов бул жолку китебин апасына арнаганы белгилүү болду. Ушуну менен "Аркадагдын" китептеринин саны 40тан ашты.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

ВИЧке чалдыккан мигранттарга колдоо жок

Иллюстрациялык сүрөт.

Тажикстанда "мигранттар ВИЧке кан тапшыргандан кийин гана өлкөгө киргизилсин" деген демилге көтөрүлдү. Өзбекстанда болсо жыл башында мигранттар үй-бүлөлөрү менен текшерүүдөн өтүүгө милдеттендирилген.

Тажикстандын Саламаттык сактоо министрлиги менен Миграция министрлиги аэропорттордо, темир жол вокзалдарында жана чек ара бекеттеринде атайын медициналык бөлүмдөрдү ачуу боюнча демилге көтөрүшүп жатышат.

Чет жактан кайткан тажик мигранттары мындай жайларда атайын текшерүүдөн өткөндөн кийин гана өлкөгө кирмей болду. Министрликтер мындай жол менен ВИЧ-инфекциясы, кургак учук сыяктуу жугуштуу илдеттердин жайылышын токтотууга бел байлашкан. Текшерүү акысыз болмокчу.

Эгер сизден ВИЧ табылса...

Эгер сизден ВИЧ табылса...

Кыргызстан ВИЧтин жайылуусу салыштырмалуу төмөн деңгээлде болгон өлкө бойдон кала берүүдө.

Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, Тажикстанда ушу тапта 7 миң 709 адам ВИЧ илдети менен жашайт. Алардын дээрлик 15 пайызы эмгек мигранттары. Жугуштуу ооруга чалдыккандардын басымдуу бөлүгү 30–39 жаштагылар болсо, алардын 87 пайызы - эркектер, 13 пайызы - аялдар.

Тажикстанда жүргүзүлгөн изилдөөлөр 2000-жылдардан бери ВИЧти миграциядан кайткан күйөөлөрүнөн жугузуп алган аялдар көбөйгөнүн көрсөткөн. 2012-жылы мындай аялдардын саны 1100гө жеткен. Ушул тапта Орусия менен Казакстанда 1 миллиондой тажикстандык жаран иштеп келет.

Орусияда чет элдик жарандан кургак учук, ВИЧ, сифилис сыяктуу жугуштуу оорулар аныкталса, ал депортация болуп, өлкөгө кайра кирүү укугунан ажырайт. Былтыр ушундай негизде 17,5 миңдей КМШ мигранттары «кара тизмеге» кирип, Орусиядан биротоло чыгарылган.

"Мигранттар оорусун жашырат"

Москвадагы «Шаги» коомдук уюмунун адиси Кирилл Барскийдин айтымында, Орусиядан мажбурланып чыгарылган мигранттардын өз мекенинде дарыланууга шарты жок.

Кирилл Барский.
Кирилл Барский.

- Мигранттардын Орусияда текшерилип, дарыланууга толук шарты бар. Бирок Орусиянын мыйзамдары ага жол бербейт. Оорукчан мигрант аныкталып калса эле аны дароо өлкөдөн чыгарышат. Чындыгында ВИЧке чалдыккан мигранттар кыйла көп болушу мүмкүн. Болгону мындай репрессивдүү чарадан чочулап, оорусун жашырып жүргөнү толтура. Үйүнө кайтарылган мигранттар кысымга, коркунучка кабылышат. «Уят, кантип кайтам? Бул жактан өлүп калганым жакшы» дегендер болот. Мындан да коркунучтуусу - алар кайтып келгенде ооруну аялына же күйөөсүнө жугузат. Ошондуктан биз орус жарандыгы бар туугандары барларга жардам көрсөтүп, бул жакта дарылануусуна укуктук жардам беребиз.

Барский Борбор Азия өлкөлөрүндө ВИЧке кабылган мигранттарга көмөк көрсөткөн атайын программалар каралбаганын белгилейт. Анын айтымында, мигранттар тескерисинче кысымга кабылышат.

- Мисалы, Өзбекстанда ЛГБТ өкүлдөрүн мамлекеттик мекемелерде дарылоодон баш тартышат. Түркмөнстанда болсо «бизде андайлар жок» деп жашырып келишет. Бул аларда ВИЧтин алдын алуу, текшерүү жана дарылоо боюнча иштер жүргүзүлбөй тургандыгын түшүндүрөт. Айрым өлкөлөрдө медициналык шарттар бар болсо да, каражат жетишсиз. Анан Борбор Азия элдеринин менталитети да өзгөчө. Айрымдары оорусу жөнүндө жакындарына айтуудан уялышса, кээ бирлери текшерилбей, билбей эле жүрө берет.

"Орусиядан ооруп келип соо адамга үйлөнүшөт"

Өзбекстанда быйыл жыл башында мигранттар үй-бүлөсү менен ВИЧ боюнча текшерүүдөн өтүүгө милдеттендирилген. ВИЧке каршы өкмөттүк программада атайын илимий изилдөөлөрдү жүргүзүү, кадрларды даярдоо, илдетти аныктоочу өздүк аппараттарды ойлоп табуу, дарылоочу мекемелердеги техникасын өркүндөтүү жана профилактикалык иштен тышкары бейтаптарды дары-дармек, азык-түлүк менен камсыздоо жагы каралган.

Мигранттардын СПИД жуктурган жубайлары

Мигранттардын СПИД жуктурган жубайлары

Тажикстандын Хатлон облусунда 500дөй аял ВИЧ-СПИД дартын алып жүргөнү аныкталды.

Расмий маалыматтар боюнча Өзбекстанда ВИЧ менен 32 миңден ашуун адам ооруйт. Аялуу катмардын катарына эмгек мигранттары жана алардын үй-бүлөлөрү кошулган.

Ал эми Кыргызстанда былтыр май айында ВИЧ-инфекциясы менен 7287 киши катталган болсо, быйыл алардын саны 8 миңден ашканын Республикалык СПИД борборунун адиси Замира Тилепова маалымдады:

- 1-июнга карата 8323 киши катталган, алардын ичинен 7883ү кыргызстандыктар, 633ү балдар. Жалпысынан бул илдеттен 1839 адам каза болгон. Быйыл беш айда 351 адамдан ушул илдет аныкталды. Окуялары ар кандай. Орусияда жүргөндө оору жугузуп алгандар, бул жакка келгенде соо адам менен турмуш куруп алышат. Биз кайрылгандардан анализ алганда эле ушундай учурларды каттайбыз. Жалпысынан баарын тактап чыгуу оор. Баары эле мигранттар деп да айтууга болбойт. Ал эми Казакстанда ВИЧ менен 18 миң адам катталса, түркмөн бийлиги өлкө боюнча эки гана адам бул илдет менен ооруйт деп расмий кабарлап келет.

БУУнун ВИЧ/СПИД боюнча өкүлдөрү Чыгыш Европа менен Борбор Азияда 2010-жылдан тартып жугуштуу илдетке кабылгандардын саны жыл сайын 10 пайызга көбөйүп жатканын белгилешет. Эл аралык адистер буга аймактагы ички-тышкы мигранттардын арасында оорудан сактануу боюнча маалыматтын жетишсиздиги, текшерилүү жана дарылануу шарттарынын начардыгы себеп болуп жатканын айтышат.

"Азаттыктын" архиви: Дарт тооруган балалык. 2017-жыл

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

"Назарбаевден сыйлык алганым үчүн камалдым"

Ертай Султанбектин туугандары

Кытайда камакта отурган казак улутундагы Ертай Султанбектин туугандары Алматыда басма сөз жыйынын өткөрүп, казак бийлигинен көмөк сурады. Ертай быйыл 25-майда Кытайда кармалгандан бери кабарсыз. Басма сөз жыйынын өткөргөндөр Назарбаевдин Кытайдагы сапарында ал жактагы казактардын маселесине бийликтин көңүлүн бурдурууну көздөп жатканын айтышты.

Нургүл Султанбектин бир тууганы Ертай быйыл май айында Кытайдын аймагында кармалган. Анын учурда кайда экени беймаалым. Бирок ал Казакстандагы туугандарына “Элбашыдан алкыш кагаз алганым үчүн күнөөлүүмүнбү?” деген мазмундагы кат жөнөткөн.

"Дүкен ага, эгерде сизде мүмкүнчүлүк болсо менин катымды президент Нурсултан Назарбаевге жеткизип койсоңуз. Мен казак-кытай достугунун алкагында, элбашыдан алган сыйлыгым үчүн камалып отурам",- деген Султанбек каттын төмөн жагына күбөлүгүндөгү өздүк маалыматтарын гана жазууга үлгүргөн.

"Андан башка эч нерсе жок", - деди Ертай Султанбектин карындашы Нургүл Султанбек.

Ертайдын үй-бүлөсү да Кытайда калган, учурда алар менен да байланышууга мүмкүн болбой жатат. Ал арада Казакстандан Кытайга барган айрым студенттер кармалганын жарандык активист Серикжан Биляш минтип айтты:

- Биз 98 студенттин ал жакта кармалганы тууралуу малыматты тактадык. Алардын аты-жөнүн жакында жарыя кылабыз. Аз убакыт мурдараак 99-студенттин да кармалганы боюнча маалымат келип түштү. Ошол студенттер билим алган окуу жай менен байланышып жатабыз.

Жарандык активист Серикжан Биляш Кытайда дайынсыз болуп жаткан Ертай Султанбек акын, композитор экенин, 2007-жылы казак президенти Нурсултан Назарбаевге “Нураганын монологу” деген поэма арнаганын маалымдады. 2008-жылы президент авторго ыраазычылык кат жиберген.

Кытайда казак жарандарынын кысымга кабылганы тууралуу маалыматтар былтыртан бери айтылып келет. Буга чейин кармалгандардын жакындары бир нече жолу Алматыдагы Кытай консулдугунун алдына чогулуп, кайрылуу жолдогон. Бирок Алматынын бийлиги андай акцияларды токтотууну суранган.

- Биз кайрылууларыбызды токтотсок, жакындарыбыз жаман акыбалда калат деп ойлойбуз. Ошол себептүү эл аралык адам укугун коргогон уюмдарга чейин кайрылабыз, - деди акцияга чыккандардын бири, Алматы шаарынын тургуну Риза Багдаулет.

Кытай бул багытта азырынча расмий жооп бере элек. Ал арада Казакстандын Тышкы иштер министрлиги Кытайда кармалган 12 казакстандыктын тогузу бошотулганын кабарлады. Ошондой эле 177 этникалык казак туткунда калганы тууралуу маалымат түшкөнүн билдирди.

Кытайда жашаган кыргыздар да кысымга кабылып, бир тобу камалып кеткенин былтыр алардын жакындары "Азаттык" радиосуна маалымдашкан. "Азаттыктын" кабарчысы билдиргендей, президент Сооронбай Жээнбековдун Кытайга мамлекеттик сапарында бул маселе тууралуу сөз болору кабарланган жок.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Казакстанда жашыруун мыйзам колдоо тапты

Казакстандагы бейөкмөт уюмдардын ишин татаалдаткан жаңы мыйзам жарандык активисттер үчүн күтүлбөгөн жаңылык болду.

Өлкөнүн жогорку сенаты "Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө" мыйзамды колдоп добуш бергенин алар ЖМКдан окуп билишти.

Жарандык активисттер Дин иштери жана жарандык коом министрлигине мыйзамдагы кемчиликтерди оңдоо тууралуу кайрылуу жолдошту, бирок ал президенттин кол коюусуна эбак эле жиберилген болуп чыкты.

Бул тууралуу баары айтып жатканы менен эч ким билген эмес. "Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө" мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилгенин укук коргоочу Елена Швецова да Интернет аркылуу билди. Ал бейөкмөт уюмдар бийликтин алдында мурдагыдан да көбүрөөк жоопкер болууну каалабайт деген ойдо. Елена балдар менен билим берүү тармагына жардам берип иштөөдө салык кызматына улам барып маалымат берип туруу тоскоолдук жаратат деди.

- Биздин ишибизди көзөмөлдөөгө багытталган бул мыйзамдар жеңилдик берет деп айтылганы менен, тескерисинче бизди катуу кармоого шарт түзөт.

Көпчүлүккө айтылбай жашыруун сыр катары сакталган мыйзамга өзгөртүү киргизүү эмне максатты көздөйт? Бул багытта Казакстандын дин иштери жана жарандык коом министрине кайрылдык.

- Бизде андай маалымат жок экен. Жаңы мыйзам боюнча да билбейт экенмин, - деп жооп берген министр Дархан Калитаев эки күндөн кийин өлкөнүн жогорку сенатынын жыйынында бул мыйзам боюнча депутаттарга маалымат берди.

Ошол эле учурда аталган министрликтин сайтына мыйзамга толуктоолор боюнча маалымат жарыяланды.

Казакстандын парламент депутаты Сергей Ершов буларга токтолду.

- Мыйзамда өкмөттүк эмес уюмдарды оптималдаштыруу менен ыйгарым укуктуу органдарга маалымат берүү жагы каралган. Мындан сырткары өзүнүн уюштуруучусу жана катышуучулары, каржылоонун кайсы багыттарга жумшалуусу боюнча да билдирип туруусу керек.

Мындан бир топ жыл мурда Казакстандагы бардык өкмөттүк эмес уюмдардан алардын ишмердүүлүгү боюнча жалпы республикалык базага милдеттүү түрдө маалыматтар сурала баштаган. Аны аткарбагандарга айып чегерүү жана акыркы чара катары ишмердүүлүгүн токтотуу жагы каралган. Учурда мурда токтоп калган бул аракеттер кайра жанданып, өкмөттүк эмес уюмдардын жаңыланган маалымат базасы түзүлө баштады.

- Биз мындан акыркы 10 жылдан бери баш тартып келе жатабыз. Анткени коомдук уюмдарды кайра каттоо айрымдарынын жабылышына алып келген. Алардын катарында профсоюздук жана диний уюмдар болгон, - деди “Абийир” коомдук уюмунун жетекчиси Анара Ибраева. ​

Мындан үч жыл мурда Казакстанда грант алуучу коомдук уюмдардын бирдиктүү базасын түзүү тууралуу сөз болгондо, Улуттар уюму аны жарандык активисттердин укуктарын чектөө катары баалаган. Ошол учурда элүүгө чукул коомдук уюмдун өкүлдөрү президент Нурсултан Назарбаевге вето коюуну суранып кайрылышкан. Бирок алардын үнүн эч ким уккан эмес. Азыр да ошондой абал жаралабы деген коркунуч бар.

Кыргызстанда болсо “Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө” мыйзам долбоор эки жыл мурда каралып, Жогорку Кеңеш бул демилге жарандык коомду чектеп, өлкөгө келген эл аралык жардамдын кыскарышын шарттайт деп кабыл алган эмес.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Өзбекстанда 24 аткаминерге айып тагылды

Рашид Кадыров

Өзбекстанда мурдагы башкы прокурор менен кошо 24 аткаминер жоопко тартылды.

Өзбекстандын мурдагы башкы прокурору Рашид Кадыров февралда Ташкентте камакка алынган. Анда ага «акча талап кылуу», «кызматтык ыйгарым укуктарды кыянат пайдалануу» жана «пара алуу» беренелери боюнча кылмыш иши козголгону маалымдалган.

5-июнда Башкы прокуратурадагы маалымат жыйынында «Кадыровдун иши» боюнча 24 аткаминерге айып тагылып, 21и камакка алынганын Уюшкан кылмыштуулук жана коррупция боюнча башкармалыктын жетекчиси Мансур Уралов кабарлаган.

- Экс-генпрокурор Рашид Кадыров боюнча башкармалыкта тергөө жүрүп жатат. Тергөөдө баш прокурор кызматка дайындоо пара алганы жана башка кылмыштардын белгилери аныкталган. 24 адамга айып тагылып, 21и камакта. Тергөө уланып жатат.

Кадыров менен бирге башкы прокурордун мурдагы орун басары Улугбек Суннатов, Ташкент облусунун мурдагы прокурору Жамшид Файзиев жана юстиция министринин кеңешчиси Мираглам Мирзаев кармалган.

Кийин мартта Кадыровдун үй-бүлөсүнүн ишкердигине мыйзамсыз бажы кампаларын берген делип Мамлекеттик бажы кызматынын жетекчисинин мурдагы орун басары Бахтиёр Раимов камакка алынганы маалымдалган.

Кадыровдун акчасын катууга көмөктөшкөн делип Ташкенттеги «Инфинбанктын» ээси Фарход Мамажонов Башкы прокуратурада суракка алынган.

Андан кийин камакка алынгандардын арасында райондук жана облустук прокурорлор, атайын кызмат менен салык инспекциясынын кызматкерлери бардыгы айтылып келет. Көбүнүн ысымдары ачыктала элек.

66 жаштагы Кадыров башкы прокурордук кызматты 15 жыл бою жетектеп, 2015-жылдын апрель айында иштен алынган.

Анын 39 жаштагы уулу Алишер Кадыровду Ички иштер министрлиги ушул жылдын мартында эл аралык издөөгө салган. Алишер Кадыров «алдамчылык» жана «акча опузалоого» айыпталып жатат. Жалпысынан ата-балага жарым миллиард долларлык доо коюлган.

Өлкө президенти Шавкат Мирзиёев май айында Анжиян облусундагы сапарында жакынкы арада мурдагы башкы прокурор телеберүү аркылуу өз күнөөсүн моюнга алып, өзбек элинен кечирим сурайт дегени бар.

- Азыр генпрокурор өзүнүн уюшкан тобу менен түрмөдө отурат. Бир нече миллион доллардан кайтарып берип жатат. Эки-үч айдан кийин мен аны телеберүүдөн сүйлөгөндөй кылам. Жада калса анын бети жок уулу миллиардер, - деген Мирзиёев.

Мирзиёев былтыр атайын кызматтын, бажы кызматынын жана прокуратуранын ишин сынга алып, мекемелерди «эң башкы уурулардан» тазалоону убада кылган.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Өзбек мугалимдеринин "ыктыярдуу" жыйымы

Ташкент облусунун Зенги-Ата районундагы жаңы моделде салынган үйлөр.

Өзбекстандын Наманган облусунда мугалимдер маянасынын бир бөлүгүн “Абад кыштак” долбоорун ишке ашырууга которуу милдеттендирилип жатат. Бул тууралуу бир топ райондордун мугалимдери билдирип чыгышты.

Долбоор жергиликтүү калктын турак жай муктаждыгын канааттандырып, жаңы типтүү курулуштарды салууга багытталган. Билим берүү бөлүмдөрү мугалимдер сыяктуу эле бюджеттен маяна алган бардык кызматкерлер акча которуп жатышканын айтышат.

Наманган облусунун Коргон-Төбө районундагы №3 мектепте иштеген, өз аты-жөнүн атагысы келбеген мугалим мектеп директору бир күндүк эмгек акысын “Абад кыштак” мамлекеттик долбооруна которууга мажбурлап жатканын айтат.

- "Маянабыздын бир күндүк акысын жаңы курулуп жаткан үйлөр үчүн өз ыктыярыбыз менен которуп беребиз" деген түшүнүк кат жаздырып алышты. Анткени мектептин жетекчилиги облустун жетекчисинен ушундай буйрук келгенин билдирди.

Ташкенттеги мектептердин бири. Иллюстрациялык сүрөт.
Ташкенттеги мектептердин бири. Иллюстрациялык сүрөт.

Ушул эле райондогу №8 мектептин дагы бир мугалими “Азаттыктын” өзбек кызматына берген интервьюсунда "буйрукка баш ийбеген педагогдорду сабактарын кыскартып, жумуштан бошотобуз" деген опуза болуп жатканын айтты:

- Биз, мугалимдер, болгону 800 миң сумга (100 доллар) жакын маяна алабыз. Ошол болбогон маянадан "мектепти оңдоого" деп милдеттүү түрдө акча кармап калышат. Эми болсо "жергиликтүү тургундарга турак жай салабыз" деп дагы акча сурап жатышат. "Өз каалооңорго ылайык бересинер" дегени менен мажбурлап эле алып жатышат. Ага баш ийбегенге бизде башка айла калбай калды.

Мугалимдердин баары эле бул көрүнүшкө каршы болгон жери жок. Анткени Коргон-Төбө районундагы айрым педагогдор өз каалоосу менен долбоорго акча бергенин айтышат. Алардын бири №12 мектептин мугалими:

- Биз маянабыздын бир аз бөлүгүн өз каалообуз менен эле которуп бердик. Анткени жаңы типтүү конуштар курулса жаманбы?

Коргон-Төбө райондук элге билим берүү бөлүмүнүн башчысынын орун басары Абдрасул Бойматов каражат чогултуу мугалимдерге эле эмес, мамлекеттик казынадан маяна алган бардык кызматкерлерге тиешелүү экенин айтты. Жергиликтүү аткаминер акча жыйноо милдеттүү эмес экенин да кошумчалады.

- Облус акиминин буйругу мугалимдерге эле эмес, бюджеттен маяна алган бардык кызматкерлерге тиешелүү, – деди Абдурасул Бойматов.

Коргон-Төбө райондук администрациясынан бул туурасында түшүндүрмө алууга мүмкүн болгон жок. Анткени администрациянын кызматкери “Азаттыктын” өзбек кызматынын кабарчысынын бул боюнча суроосун укса да жооп берген жок.

Шавкат Мирзиёев.
Шавкат Мирзиёев.

Эске сала кетсек, ушул жылдын 29-мартында өзбек президенти Шавкат Мирзёевдин “Абад кыштак” долбоору жөнүндө буйругу жана “Абад кыштак” долбоорун ишке ашыруу боюнча кошумча чаралар” тууралуу токтому чыккан. Анда айылдарды архитектуралык жактан кооздоп оңдоо, алардын жол, транспорт, коммуникация жаатындагы абалын жакшыртуу жана социалдык объектилерди куруу пландалган.

Президенттин буйругунда белгиленгендей, «Абад кыштак» долбоорун ишке ашырууга керектелүүчү каражаттардын 80% мамлекеттик бюджеттен, мекеме-ишканалардан жана сырткы инвестициянын эсебинен бөлүнөт. Ал эми калганын карамагындагы өз имараттарын ондоо аркылуу жеке ишкерлер жасашат.

Өзбекстанда буга чейин да мугалимдер менен мамлекеттик казынадан маяна алган кызматкерлерден кайсы бир долбоорлор жана курулуштар үчүн каражат топтолуп келгени байкалган. Эки жыл мурда Наманган облусундагы мектептердин мугалимдеринен мажбурлап облус борборундагы стадиондун курулушуна 16,5 миң сумдан акча жыйналып жатканын “Азаттыктын” өзбек кызматы жазып чыккан.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Казакстанда менингиттен 12 киши каза болду

Казакстанда менингиттен 12 киши каза болду
please wait

No media source currently available

0:00 0:15:24 0:00

Тажик муфтийи боксту «арам» деп баалады

Бокс

Тажикстандын муфтийи бокс менен эрежесиз эр урушту «арам» деп тапты.

1-июнда Дүйшөмбүнүн борбордук мечитинде Тажикстандын Аалымдар кеңешинин башчысы Саидмукаррам Абдулкодирзода бокс жана эрежесиз эр уруш адамдын ден соолугуна залал келтиргендиктен, исламдын шарттарына туура келбесин айткан. Муфтий бул спорт түрлөрүн «арам» деп атаган.

- Акча сайылган оюндар менен таймаштардын баары арам. Ден соолук менен акылга эч кандай пайдасы жок, убакытты текке кетирүүнүн өзү арам, - деп кошумчалаган муфтий.

Саидмукаррам Абдулкодирзода
Саидмукаррам Абдулкодирзода

Абдулкодирзода тажик жаштарын физикалык жактан чыңалдырып, акыл- эсти өстүргөн спорт менен гана машыгууга чакырган.

Өткөн жылы күз айында Жаштар жана спорт комитети мектеп менен спорттук мекемелерде аралаш уруш, бокс, грепплинг сыяктуу тогуз спорт түрү боюнча секцияларды уюштурууга бөгөт койгону белгилүү. Комитет спортчулардын ар-намысын жана аброюн кемсинтпөө үчүн, зордук-зомбулукту болтурбоо үчүн ушундай чечим чыгарганын түшүндүргөн.

Тажикстанда эр уруш беш жыл мурда пайда болуп, тез эле популярдуу болуп кеткен. Тажик спортчулары эл аралык деңгээлдеги мелдештерге да катышып, жеңишке жеткендери бар. Спортчулардын көбү эр урушка бокс, күрөш, жиу-житсу, кикбоксингден кийин барышкан.

Эр аралык мелдештерде Тажикстанды таанытып жүргөн Зухро Холова муфтийдин сөзүнө каршы.

- Биздин өлкөнүн дүйнөгө таанылышына салым кошуп, өлкөбүздүн желегин желбиретүү бул адал иш деп ойлойм. Спорт менен өлкөбүздүн имиджин көтөрүп жатабыз, - деди спортчу кыз.

Эрежесиз эр уруш
Эрежесиз эр уруш

Бокс боюнча машыктыруучу Носир Азимов диний аалымдын билдирүүсү Тажикстанда бокстун өнүгүшүнө терс таасирин тийгизерин айтууда. Азимов өзү 2012-жылы Лондон олимпиадасында аялдар арасындагы бокста коло медал алган Мавзуна Чориеваны машыктырган.

- Иран, Сауд Арабия, Пакистан же тиги Дагестанда деле бокско уруксат берилген. 1997-жылы менин бир атаандашым Сауд Арабиядан болгон. Калган араб өлкөлөрүндө аялдардын боксуна тыюу салынып, эрежесиз эр уруштар дагы арам деп айтыларын уккам. Аларда эреже жок, бирок бокста эреже бар да. Белден ылдый, каракушка, көк желкеге жана адамды майып кылып коюучу бир нече талуу жерлерге урбоо керек, - деп түшүндүрөт машыктыруучу.

Тажик мушкери Мавзуна Чориеванын машыгып жаткан учуру.
Тажик мушкери Мавзуна Чориеванын машыгып жаткан учуру.

Азимов «спорт арам болсо, жаштар эмне менен алек болушу керек?» деген суроо берди.

Тажикстандын Аалымдар кеңешинин чечимдери жана билдирүүлөрү акыркы убакта коомчулукта чоң талкууларды жаратып келет. Рамазан айынын башында кеңеш Рогун ГЭСинде иштеген курулушчуларга орозо тутпаганга уруксат берген атайын фатва чыгарган.

Мындан төрт жыл мурда кеңештин бир өкүлү маалымат каражаттарында жана коомдук уюмдарда иштегендер улуттук коопсуздукка коркунуч жаратып жатканын айтып, аларды “чоң күнөөкөрлөр” деп атаганы бар.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Орусия: текшерүүлөр мигранттарды чочутту

Дүйнөлүк футбол чемпионатынын алдында Орусиядагы ондогон тажикстандык мигранттар мекенине кетип жатканы белгилүү болду. Укук коргоочулар муну мелдешти утурлай орус полициясынын текшерүүлөрдү күчөткөнү менен байланыштырып жатышат.

Орусия 14-июнда баштала турган дүйнөлүк футбол чемпионатына кызуу камылга көрүп жатат. 15-июлга чейин созула турган бул футбол мелдеши Москва, Санкт-Петербург, Волгоград, Екатеринбург, Казан, Калининград, Нижный Новгород, Ростов-на-Дону, Самара, Саранск жана Сочи шаарларында өтөт. Ага карата аталган шаарларда кошумча коопсуздук чаралары көрүлүүдө.

Мындай чаралар ондогон тажик мигранттарын убактылуу мекенине бара турууга аргасыз кылып жатканын Орусиядагы кээ бир укук коргоочулар билдирип чыгышты. Мигранттардын укугун коргоо уюму май айында эле 300 тажикстандык мигрант мекенине кайтканга чейин укуктук кеңеш сурап, аларга кайрылганын кабарлады. Алардын көбүн патент мөөнөтү аяктап, бирок аларды узарта албай калгандар, ошондой эле чемпионат аяктаганга чейин Орусиядан убактылуу чыга турууну туура көргөн мигранттар түзөт.

"Азыр текшерүүлөр күчөп, күн сайын мигранттардын кармалгандыгы тууралуу 15ке жакын телефон чалуулар болуп жатат. Ошондуктан айрым иш берүүчүлөр мигрант кызматкерлерин убактылуу жумуштан кетиришкен. Мигранттар болсо бул убакытты мекенинде өткөрүүнү туура көрүшүүдө",-деп билдирди Мигранттардын укуктарын коргоо уюмунун кызматкери Каримжон Ёров.

Тажикстандын Фархор районунун тургуну 34 жаштагы Анвар Турдыев бир жума мурда Орусиядан кайтып келген. Ал үч ай мурда Екатеринбургга жыгач ишканасына иштегени барып, ал жакта бир жылдай калам деп пландап жаткан. Бирок май айынын башында өзү баш болгон 11 тажикстандык жана өзбекстандык мигрантка ишти убактылуу токтотуп турууну сунушташкан:

“Менде бардык документтер жайында болчу. Бирок иш берүүчү өзүнө да, бизге да ашыкча баш оору болушун каалабай турганын айтты. Текшерүүлөр күчөгөнүн, болбогон кемчилик үчүн ишкананы жаап коюшу мүмкүндүгүн билдирди”,-деди Анвар Турдыев.

Орус бийлиги футбол чемпионатында мигранттарга басым жасалганы тууралуу мындай билдирүүлөрдү ырастаган эмес. Бирок буга чейин Тажикстандын Эмгек, миграция жана калкты иш менен камсыз кылуу министрлиги жарандарды 25-майдан 25-июлга чейин Орусиянын 11 шаарына барбай турууга чакырган.

Ошол эле учурда документтери жайында болгон мигранттар жайма-жай эле Орусияда иштеп жатканын айткандар да жок эмес. Тажикстандын миграция мекемесинин басма сөз катчысы Иброхим Ахмади “Азаттыктын” тажик кызматы менен маегинде патентин узарта албай калган мигранттардын саны так белгисиз экенин айтып, ошентсе да ал сан патент алып иштеп жаткандарга салыштырмалуу аздыгын белгиледи:

“Май айында биздин миңдеген мекендештерибиз эч маселесиз эле патент алышты. Албетте, биздин атуулдардын арасында ар кыл себептерден улам патент алалбай калгандары да бар. Бирок алардын саны кыйла аз. Орус өкмөтү чемпионат мыкты деңгээлде өтүшү үчүн коопсуздук чараларын күчөткөн. Ошондон улам биз мигранттардан документтерин тартипке келтиришин өтүнгөнбүз”.

Жыл сайын миллионго жакын тажик жараны жумуш издеп Орусияга кетет. Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон 31-майда Москвада орус өкмөт башчысы Дмитрий Медведев жолукканда тажик мигранттары үчүн жеңилдик сураганы белгилүү болду. Тажик президентинин басма сөз кызматы билдиргендей, бул жолугушууда башка маселелер менен бирге «тажик мигранттарынын социалдык камсыздоосун жакшыртуу жана алардын Орусия эмгек базарына уюшкандык менен жөнөтүлүшү тууралуу» сөз болгон.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Ташкентте кыз-келиндер четке оңой чыкмай болду

Ташкентте кыз-келиндерге өкмөттөн атайын уруксат албастан эле чет өлкөгө чыгууга жол ачылды. Бул учурда коңшу Ашхабаддын аэропортунда миграцияга бел байлаган аялдарды аба каттамдардан алып калып жатканы маалымдалууда.

Ташкентте кыз-келиндерге эми чет өлкөгө чыгуу үчүн сурак берүүнүн кереги жок. Мурунтан 18-35 жаштагы кыз-келиндер чет өлкөгө чыгуу үчүн күйөөсүнүн же ата-энесинин уруксат катын, махаллядан маалымдама аулууга жана медициналык анализдерди тапшырууга милдеттендирилип келген. Андан кийин алар ички иштер башкармалыгынын миграция жана жарандык бөлүмүндө атайын сурак беришчү. Мындай талап Өзбекстанда 2011-жылы сойкулук жана адам сатуу менен күрөшүү максатында киргизилген.

25-майда Өзбекстандын ички иштер министринин орун басары, Ташкенттин Ички иштер башкармалыгынын башчысы Рустам Джураев четке чыккан кыз-келиндерди суракка алуу талабын жойду.

"Биз бул багыттагы көйгөйлөр менен тоскоолдуктарды изилдеп, мындай тажрыйба жарандарга ыңгайсыздык жаратып, иштерди создуктуруп, өзүн актабай жатканын түшүндүк. Эми кыз-келиндер миграция бөлүмдөрүнө келип, эч кандай сурактан өтпөстөн, кошумча кагаздарды көрсөтпөстөн эле виза алышат", - деп белгилешкен Ташкенттин Ички иштер башкармалыгында.

Түркия: мигрант кыз-келиндер көргөн кордук

Түркия: мигрант кыз-келиндер көргөн кордук

Акыркы жылдары Түркияга агылган кыргызстандык эмгек мигранттарынын басымдуу бөлүгүн кыз-келиндер түзөт.

Ташкенттеги журналист Умида Маниязова сойкулук жана адам сатуу менен күрөшүү максатында киргизилген өкмөттүн чарасы паракорчулукка алып барганын айтат.

- Мындай талап бир топ жылдан бери эле болгон. Бирок кыз-келиндердин бардыгын эле суракка чакырышчу эмес. Сүрөттөрүн карап, айтор, тандап чакырышчу. Чет жакта бул аял жагымсыз иштерди кылабы дегендей суроо көтөрүлчү. Негизинен мындай суракта "каякка барасың? Эмне иш кыласың? Максатың кандай? Ким тосуп алат?" деген суроолорду беришет. Мындай чара мурунтан Таиланд, Малазия, Индияда өзбекстандык аялдар сойкулук кылып жүргөнү аныктала баштаганда кабыл алынган. Анда өзүнүн жердештери сатып жиберип же сойкукана ачып алганы көп окуялар болгон. Бирок бул чара мындай көрүнүштү токтотууга жардам берди деп айтууга болбойт. Анткени таанышы, акчасы барлар эч тоскоолдуксуз өтүп кетишчү. Анда мындай уруксат кагаздын акысы 50 доллар болуп калган.

Кыз-келиндердин чет өлкөгө чыгуусуна чектөөлөр азыркы кезде Ташкентте гана алынган. Эми чектөөлөрдү өлкө боюнча алуу сунушу башкармалык тарабынан ИИМге жөнөтүлгөн.

Бул маалда Ашхабадда чет жакка ишке чыгып бараткан түркмөн кыз-келиндери аэропортто токтотулуп жатканы маалымдалууда. Өткөн жумада Түркияга ишке кетип бараткан эки аялга өлкөдөн чыгууга тыюу салынган.

үйөөмдөн миграциялык кызматтан берилчү уруксат кагаз сурашкан жок. Мени болсо учакка бул кагаз жок өткөрбөй коюшту. Колунда мындай кагаздары барларды деле эч нерсени түшүндүрбөй кармап калышты. Жолго, документтерди жасоого акчабыз талаага кетти. Канча санаага батып, нерв болдук", - деди "Азаттыктын" түркмөн кызматына кайрылган аялдардын бири.

"Өлкөдөгү мындай абалда беш баламды бага албай калдым" дейт Түркияга миграция чыккан аял. Ал Ашхабаддын аэропортунда аялдарга чет жакка учууга тыюу салып жатканына өзү күбө болгон.

"Мен аэропортко Түркияга учуп кетүүгө келгем. Жанымда айылдаштарым бар болчу, чогуу учмакпыз. Каттоо алдында миграциялык кызматтын кызматкерлери биз бир айылдан экенибизди билип туруп, баарыбыздын документтерибизди алып, өзүнчө бөлмөгө алып барып, ал жакта суракка алышты. Мени кое беришти, бирок аялдардын көбүн өткөрбөй коюшту", - дейт келин.

Жыл башынан бери "Азаттыктын" түркмөн кызматына Ашхабаддан чет өлкөгө учуп кете албай калган ондогон адамдар кайрылган. Миграциялык кызмат айрымдарын кандай себептен рейстен алганын да айткан эмес.

Оппозициячыл саясатчы, Түркмөнстан республикалык партиясынын төрагасы Нурмухамед Ханамов мындай чектөөлөр менен түркмөн бийлиги иш издеп миграцияга чыккан жарандарга кыйынчылыктарды жаратууда деген ойдо.

- Былтыр жыл аягынан баштап Түркмөнстанда 30 жашка чыга элек эркектер чет өлкөгө чыгаарда кыйналган. Түркмөн бийлиги "жаштар Сирияга кетип жатат, чет жерде радикал топторго кошулуп жатат" деген жүйө келтирип, оозеки түрдө ошондой эреже киргизилген. Чындыгында жаштардын көбү чет жакка ишке, акча табууга ниеттенишкен. Эми аялдарга чет жакка чыгуусуна тоскоолдук жаратуу менен булар өлкөдөгү каатчылыктан качкандарды токтотуп жатышабы же жөн гана өз билгендерин кылып жатышабы, белгисиз.

Кыргызстанда да жашы 25 жашка толо элек кыз-келиндерди чет өлкөгө ишке чыгарууга тыюу салуу демилгеси маал-маалы менен көтөрүлүп келет. Демилгечилер чет жакка чыккан аялдардын психикасы менен бирге үй-бүлөлүк баалуулуктар бузулуп жатат деген жүйө айтып келишет. Ал эми укук коргоочулар мындай көйгөйлөрдү билим берүүнү жогорулатып, чет жакта жарандардын укуктарын коргоону күчөтүү менен жеңүүгө болоорун белгилешет.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Грозин: Кыргызстан лабораторияга окшош

Андрей Грозин.

Саясат таануучу Андрей Грозин Кыргызстандагы окуяларга сереп салды.

Орусиядагы КМШ өлкөлөрүнүн институтунун Борбор Азия боюнча бөлүмүнүн жетекчиси, саясат таануучу Андрей Грозин "Азаттыкка" маек курду.

"Азаттык": Саясий серепчи катары азыр Кыргызстанда болуп жаткан саясий өзгөрүүлөргө кандай баа бересиз?

Андрей Грозин: Жаңы президент бардык учурда аны кызматка алып келген мурункусунун мурасынан арылууга аракет кылат. Бул боло турган иш. Борбор Азия өлкөлөрү, Казакстандан башкасы, президент алмашканда мындай саясий өзгөрүүлөрдүн жолунан өтүшкөн.

КСДП: таарынычтар ачыкка чыктыбы?

КСДП: таарынычтар ачыкка чыктыбы?

Бишкекте 31-мартта КСДПнын курултайы өттү жана анда Алмазбек Атамбаев партия төрагасы болуп шайланды.

Өлкөдө жогорку кызматка келген адам бийлик бутактарын өз колуна алууну көздөйт. Алмазбек Атамбаев убагында жолдоочусун алдын алып, бийликте өзүнүн таасирин сактап калууга аракет кылган. Биз азыр көрүп жатабыз, анын мындай аракети оңунан чыкпады. Былтыр шайлоо алдында анын орун басарын көзөмөлдөөгө коюлган адамдарынын баары алынды. Азыр Сооронбай Жээнбеков Кыргызстандагы бийликтин жалгыз ээси болуп калды. Шайлоодон кийин эле Фарид Ниязов кызматынан алынганда баары белгилүү болуп калган. Лидер мурунку президент коюп кеткен бардык көзөмөлдөөчүлөрдү тазалады.

"Азаттык": Кыргызстан Евразиялык биримдикке кошулуп жатканда, кийин президенттик шайлоодо бийликтеги партиядан Сооронбай Жээнбеков көрсөтүлгөндө Кремль Атамбаевдин курсун колдоп турганы байкалчу эле. Учурда Москванын Атамбаевге, азыркы президентке мамилеси кандай?

Владимир Путин жана Сооронбай Жээнбеков, 26-декабрь, 2017-жыл
Владимир Путин жана Сооронбай Жээнбеков, 26-декабрь, 2017-жыл

Грозин: Бул Кыргызстандын ички иши. Москвага мунун эч тиешеси жок. Кыргызстанда деле азыр Арменияда болгондой бийлик алмашып жатат. Биринде бийлик сахнанын артында бөлүштүрүлсө, биринде төңкөрүш аркылуу алмашат.

Бул жерде Москва кызыккан байкоочу катары гана карап турат, бирок эч катышкан жок. Ооба, Атамбаев Кремлде кээ бир адамдарга жакын болчу. Бирок азыр Москва жеке кызыкчылыктар менен артыкчылыктарга басым жасап, бирөөнү колдоп, экинчисин чектебестен, рационалдуу мамиле жасоого өттү.

Азыр орус өкмөтүндө Кыргызстан үчүн жооп берген адам да жок, орусиялык аткаминерлер же депутаттардын деле кыргызстандык кесиптештерине ачык колдоо көрсөткөнү жок. Орус-кыргыз мамилеси институционалдык типте десек болот. Ортодогу долбоорлордун алкагындагы эки тараптуу милдеттер менен кызматташтыктын талаптары так көрсөтүлгөн, баары ошонун чегинде. Президенттик шайлоо алдында деле Кремль эч бир талапкерге ачык артыкчылык берген эмес.

"Азаттык": Президентти кол тийбестиктен ажыратуу демилгеси да көтөрүлүп жатканын уксаңыз керек. Азыр Кыргызстанда мындай мыйзам кабыл алууга саясий эрк барбы?

Грозин: Экс-президенттерди кол тийбестиктен ажыратуу демилгеси мурунтан эле айтылып жүргөн нерсе. Ошол эле демилгечи Исхак Масалиев мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүүгө убакыт жеткенин айтып жатат. Албетте, азыркы саясий абал көбүн эсе Алмазбек Атамбаевдин мурасына байланыштуу болуп жатат. Бирок бул жерде мурунку президенттер Аскар Акаев, Курманбек Бакиев жөнүндө да кеп козголуп жатканын эске алуу керек.

Эгерде мындай мыйзам кабыл алынса, алар да жоопкерчиликке тартылабы деген суроо туулат. Албетте бул Кыргызстандын ички иши. Буга кыргыз парламентинин 120 эл өкүлү чекит коюшу керек.

"Азаттык": Атамбаев премьер-министрликке дайындап кеткен Сапар Исаков баш болуп бир катар аткаминерлер кызматынан алынып, коррупция боюнча кылмыш иштери козголууда. Азыр Кыргызстанда чындыгында коррупция менен күрөш башталды дейсизби же жөн эле бийлик орундарын талашуу болуп жатабы?

Грозин: Кыргызстанда бийликте тазалоо иштери жүрүп жатат. Анын кесепеттери кандай болоорун убакыт көрсөтөт. Коррупция менен Алмазбек Атамбаев да, Роза Отунбаева да, Курманбек Бакиев да колунан келишинче күрөшүүгө аракет кылган. Элге "коррупция менен күрөшүп жатабыз" деп жомок айта берсе болот. Эл мындай убаданы тез эле унутуп коёт. "Элге жагынгың келсе, элди эмне түйшөлтүп жатканын айт" дегендей эле саясатчылар муну колдонушат.

Бишкек менен Москванын достугуна доо кеттиби?

Бишкек менен Москванын достугуна доо кеттиби?

Былтыр Кыргызстан менен Орусиянын ортосундагы жылуу мамиле даана байкалып, бийлик өкүлдөрү Москва Бишкектин негизги өнөктөшү экенин байма-бай айта баштаган болчу. Бирок жыл аягында эки мамлекет ортосундагы экономикалык келишимдер арабөк экени ачыкка чыкты.

"Азаттык": Сиз мурда Кыргызстандагы саясатты "бийлик үчүн учу кыйры көрүнбөгөн күрөш" деп сүрөттөдүңүз эле. Азыр кандай баа бересиз?

Грозин: 2010-жылдары Кыргызстандын түштүгүндө окуялар болуп жатканда мен Кыргызстанды Сомалиге салыштырган элем. Андан бери убакыт өттү. Кыргызстан Сомалидей болуп аймактык жактан бөлүнүп калган жок. Кыргызстан азыр бирдиктүү өлкө, административдик башкаруусу мурункуга салыштырмалуу эффективдүү, өлкө чек араларын сактап калды.

Кыргызстан Тажикстан 1991-1992-жылдары башынан өткөргөн абалга жеткен жок. Анда Андраник Мигранян сыяктуу орусиялык белгилүү серепчилер өлкө түндүк менен түштүккө бөлүнүп калат деп болжошкон. Эми Кыргызстан кошуналарына салыштырмалуу саясий өзгөрүүлөргө даяр өлкө экенин көрүп жатабыз.

Бир нерсе бар, мен муну мурда да айткам, Кыргызстан лабораториялык үстөлгө окшош. Анда демократизациялоо менен бирге демократияны жоюу, мамлекетти куруу менен уратуу сыяктуу ар кандай эксперименттер жүргүзүлүп жатат. Бул жерде үстөлгө өлкөнүн лидерлери, саясатчылары эмес, тышкы күчтөр ээлик кылып жатат.

Өлкөнүн мурунку президенттери да, азыркы Сооронбай Жээнбеков да ички процесстерди билип турса да, тышкы оюнчулардан көбүрөөк көз каранды болуп калып жатышат. Орус, кытай, америкалык, түрк, перс болобу, ким акча менен келсе, ошонун мамлекетти курууга катышып жатат да.

Көз каранды мамлекеттер бар, өзүнүн саясатын бербөөгө аракет кылган мамлекеттер бар. Ошол эле Казакстан чек арада чыр болгондо, өзүнүн региондогу таасирин көрсөтүп койду. Ал эми Кытайга белчесинен карыз болуп турган Кыргызстан үчүн азыр өз алдынчалык, таасир жөнүндө кеп козгоого, албетте, болот. Бирок андан майнап чыгабы?

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Назарбаев мыйзамды өзүнө тууралады

Нурсултан Назарбаевдин кызы Дарига Назарбаева

Казакстан парламентинин Жогорку палатасы – Сенат президент Нурсултан Назарбаевге өмүр бою Коопсуздук кеңешин жетектөө укугун бекиткен түзөтүүлөрдү жактырды.

Мыйзам долбооруна ылайык, болочок президент да ага отчет берип турмакчы. Оппозиция өкүлдөрү бул мыйзам Назарбаевдин бийликти өз колуна топтоо процессиндеги маанилүү баскыч болуп каларын айтышты.

Парламент колдогон мыйзам долбооруна ылайык, Коопсуздук кеңешинин макамы эми конституциялык болуп өзгөрүүгө тийиш.

Мурда ал кеңеш берчү орган гана болуп келген. Долбоорду бир жума мурда төмөнкү палата – Мажлис да жактырган. Алымча-кошумчалар Нурсултан Назарбаевге өлкөнүн биринчи президенти жана Эл башы катары өмүр бою кеңештин төрагасы бойдон калышына жол ачат.

Бул гана эмес, болочок президент да ага отчет берип турмакчы. Мыйзам долбоорунда Коопсуздук кеңешинин курамын президент “төрага менен макулдашып дайындайт" деп айтылган.

Конституциялык орган улуттук коопсуздукту, ички саясий стабилдүүлүктү камсыздоо, конституциялык түзүлүштү, көз карандысыздыкты коргоо максатында бирдиктүү мамлекеттик саясатты жүргүзүүнү координациялап турат.

Айрым оппозициялык саясатчылар жана укук коргоочу активисттер бул мыйзам Назарбаевдин бийликти өз колуна топтоо процессиндеги чоң баскыч болуп каларын айтышат.

Серикболсын Абилдин
Серикболсын Абилдин

Оппозициядагы коммунисттик партиянын мурдагы жетекчиси, ветеран-саясатчы Серикболсын Абилдин Назарбаев Коопсуздук кеңешинин төрагасы катары өзүнүн жеке коопсуздугун бекемдейт жана кошумча кепилдиктерди талап кылышы мүмкүн деп эсептейт.

- Конституцияны андан кийин президент шайланбагыдай кылып өзгөртөт. Назарбаев өз кызыкчылыгында болочок президенттин ролун “минималдуу” кылып коет. Ал өлкөнүн атынан расмий иш- чараларга гана барып турат.

Укук коргоочу Сергей Дувановдун пикиринде, Назарбаев бийликтен кеткенде номиналдуу президентти калтырып кетет.

- Бул - бийликти өткөрүү эмес. Бул - бир эле кишинин бийликти өз ара бөлүштүрүүсү. Назарбаев президенттиктен кетип жатып өз ордуна номиналдуу мураскерди калтырат. Ал кабыл алынган чечимдердин гана аткарылышы үчүн жооп берет, бийликтин башка бутактарын Назарбаев өзү жетектейт, - деп боолголойт укук коргоочу.

Саясат таануучу Бурихан Нурмухамедов болсо Коопсуздук кеңешинин жана төрагасынын жаңы макамын системанын стабилдүүлүгүн бекемдөө үчүн президенттин ыйгарым укуктарын кайра бөлүштүрүүгө багытталган кадам катары баалайт.

Коопсуздук кеңешинин жыйыны
Коопсуздук кеңешинин жыйыны

​Бүгүнкү система тескери пирамидага окшойт. Чокусу бир кишиге таянат. Мындай пирамида өтө туруксуз, - деди Нурмухамедов.

78 жаштагы Назарбаев Казакстанды СССР мезгилинен бери башкарып келет. 2015-жылы ал кезектеги беш жылдык мөөнөткө шайланган. Быйыл март айында парламенттеги кайрылуусунда Эл башы бийликтен жакын арада кетпей турганын ишара кылды.

Укук коргоочулар менен бийликтин сынчылары Назарбаев оппозицияны күч менен басып, демократиялык эмес шайлоо аркылуу бийликтеги мөөнөтүн узартып келатканын белгилешет.

Президент "бийликти өткөрүп берүүгө камданууда" деген айың-кептер көптөн бери айтылып келсе да анын белгиси көрүнө элек.

Парламент жактырган документ эми президент кол койгодон кийин күчүнө кирмекчи.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Тажик жаштарын бейпайга салган бел күчү

Тажикстанда эркектин бел кубатын көтөрүүчү дарылар доктурдун рецеби менен гана сатылат. Дарыгерлердин пикиринде, антпесе, жаштар андай дарыларды ашыкча колдонуп, ден соолугуна зыяны тийген учурлар да болууда.

Тажикстанда эркектин сексуалдык алсыздыгын калыбына келтирип же бел кубатын көтөрүүчү дарылардын тизмеси аныкталды.

Элдин саламаттыгын көзөмөлдөө жана социалдык коргоо кызматынын адиси Махмадали Давлатовдун билдиргенине караганда, Саламаттык сактоо министрлигинин токтомунун негизинде, бул сыяктуу дарылардын кээ бири дарыгердин уруксаты менен гана сатылса, айрымдарын ээн-эркин алса болот.

- Бел кубатты көтөрүүчү дарылардын кээ бирин дарыгердин уруксаты менен, айрымдарын мындай эле сатып алса болот. Бирок маселе мында эмес. Дарыгерлер элге тигил же бул дарынын кандай пайдасы жана зыяны бар экенин түшүндүргөн иштерди жүргүзүүсү керек.

Махмадали Давлатов.
Махмадали Давлатов.

Давлатов элдин бул сыяктуу дарыларды колдонуу маданияты калыптанбаганын белгилеп, дарыларды адис эмес адамдардын сунушу менен пайдаланып көргөн башаламандык бар экенин кошумчалады:

- Бизде, мисалы, кошунасынан тигил же бул дары ага кандай жардам бергенин угуп алып, өзүнө да ошону сатып алган учурлар кездешүүдө. Биз дайыма жолугушууларда ар бир адамдын организми ар башка экенин, бир эле дары ар кимге ар башка таасир этерин айтабыз. Ошондуктан дары-дармекти доктурдун сунушу менен гана алгыла деп жатабыз. Эл өзүн-өзү дарылоону токтотушу керек.

Тажик эркектери элдин менталитетинен жана калыптанган көз караштан улам сексуалдык саламаттыгы алсыраган учурда дарыгерге барышпайт. Алар көбүнчө дары-дармекти тааныштарынын сунушу менен сатып алып, өз алдынча дарыланышат.

Тажикстандык уролог Парвиз Икром импотенциядан адатта 50 жаштан кийинки эркектер жапа чегерин белгилейт. Бирок дарыгер акыркы кезде жаштар да эркектик шахватты козгоочу дары-дармектерди колдонуп, ден соолугуна зыян келтирип жатышканына токтолду:

- Эркектик алсыздыктан такыр жабыр тартпаган эле кээ бир жаштар бизге ушул маселе менен кайрылышат. Бул көбүнчө психологиялык көйгөй, бирок алар дароо эле эмне кылыш керек деп сурашат. Албетте, биз аларды текшерип, себебин билип, эгер дарты болсо карайбыз. Бирок айрымдарына сенде эч кандай көйгөй жок, баары жайында деп айтсаң да ишенбейт.

Эркектик алсыздык жана импотенция тажик коомунда уят көрүнүштөрдүн бири катары кабыл алынат. Аял кишилердин же коомдун алдында басынып калбашы үчүн эркектер анысын билдирбегенге аракеттенет. Ошондой эле мырзалардын дарыгерге баруудан жана керектүү дары-дармекти дарыканадан сатып алуудан тартынган учурлары арбын.

Тажикстандык дарыгерлердин айтымында, жаштар акыркы кезде "Тонгкат", "Титан-гель", "Лошадиная сила" сыяктуу дарыларды көп алып жатат. Адистер бул дарыларды көп же туура эмес колдонуу ден соолукка зыян экенин эскертүүдө.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Кыргыз жолоочулар Алматы аэропортуна нааразы

Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстандык жарандар Казакстандын Алматы шаарындагы эл аралык аэропортто ар кандай жүйө менен текшерүү күч алып, паспортторунун көчүрмөсү, дареги, телефондогу жеке маалыматтар, IMEI коддоруна чейин жазылып алынганына нааразы болуп жатышат.

Жарандардын мындай маалыматтарынан кийин Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги кошуна өлкөгө нота жиберди. Казакстан жарандарды суракка алуу эл аралык террордук уюмдардын мүчөлөрүн аныкташ үчүн жүргүзүлүп жатканын билдирип жатат.

Жолдо жүргөн айрым кыргызстандыктар Алматы аэропортунда Казакстандын атайын кызматынын өкүлдөрү аларды ар кандай себеп менен суракка алып, сапарга тиешеси жок суроолорду берип, жеке маалыматтарды, телефондорунун IMEI коддорун да көчүрүп алып жатышканын айтып, нааразы болушууда.

Алматы аэропорту. 2017-жыл.
Алматы аэропорту. 2017-жыл.

Алардын бири Нуржамал (аты өзгөртүлдү - ред.) ​мындай кошумча текшерүүгө аэропорттогу чек ара пунктунан өтө берерде кабылып, сурак берген. Ага коншулардын атайын кызматтары жеке жашоосуна тиешелүү ар кандай суроолорду берип, телефонун бербесе каттамдан чыгарып саларын айтып коркутушкан.

- Мен үчүн бул абдан таң каларлык болду. Өзүнчө бөлмөгө киргизип алып, менден өз иштерине тиешеси жок суроолорду берип жатышты. Мисалы, мен эмнеге Дубайга кетип баратканымды, жигитим барбы-жокпу, "Дубайда сүйлөшкөн жигитиң барбы?" деп сурашты. "Бул силердин ишиңерге тиешеси жок" десем, алар "ушунчалык акылдуу болсоң 8 саат кармап турабыз" деп, эмнеге баратканымды тактамайынча коё бербей турганын айтышты. Терроризмге каршы күрөштү күчөтүш үчүн баарын текшерүүгө тапшырма берилгенин айтышты. Бишкектеги дарегимди, иштеген жеримди, үй-бүлөмдү сурашты. Мен сурак берип жаткандай эле болдум. Чынын айтсам мага экстремисттик китептерди же баңгизат салып коюшабы деп корктум. Телефонумду сурашты, "бербейм" десем "каттамдан чыгарып салабыз" деп коркутушту.

Нуржамал Дубайдан кайтып келе жатканда деле Алматы аэропортунда ушундай көрүнүшкө кабылгандарды кезиктиргенин, ал тургай жарым сааттап суракка кезек күтүп тургандарын көргөнүн айтып берди.

Ал эми биздин экинчи маектешибиз, "Дея" бий ансамблинин жетекчиси Наргиза Хажиева жакында эле Түркияга барып, Кыргызстандын атынан фестивалга катышып келди. Ал мурда-кийин мындай текшерүү болбогонун, бул жолу казак тараптын катуу текшерүүсүнө туш болгонун кеп салды.

Наргиза Хажиева.
Наргиза Хажиева.

- Жетекчи катары мени аябай суракка алды. Мурда мындай фестивалдарга барганда "мектеп окуучулары экен" деп көп текшербей эле өткөрчү эле. Бул жолу мени өзүнчө бөлүп алып, ар бир паспортко токтолуп: "Кайсы мейманканада жаттыңар? Кайсы шаарларда болдуңар? Эмне болгон фестиваль? Канча жаштасыңар? Өзүңөр бийлейсиңерби, жокпу?" деп бардык нерсени сурады.

Жарандардын мындай маалыматтарынан кийин Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги аэропорттогу текшерүүлөрдүн себебин түшүндүрүүнү өтүнүп Казакстанга нота жөнөткөн. Казакстандын башкы дипломатиялык мекемеси жооп катары түшүндүрмө нотасын жиберип, анда мамлекеттик чек ара пункттарындагы текшерүүлөрдү коопсуздукту коргоо максатына байланыштырды. Анда жарандарды кошумча суракка алуу эл аралык террордук уюмдардын мүчөлөрүн аныкташ үчүн көрүлгөн чара экендиги жана мындай суракка башка бардык мамлекеттердин жарандары алынып жатканы белгиленген.

Кыргызстандын тышкы иштер министринин мурдагы орун басары Аскар Бешимов мындай текшерүүлөрдү жарандарды кысымга алуунун бир ыкмасы катары сыпаттады. Ал мунун себеби кылдат иликтениши зарыл деп эсептейт.

Аскар Бешимов.
Аскар Бешимов.

- Бул жөн эмес. Атайын кызматтардын кылган жумуштары, ошону менен жарандарды кысмакка алуунун бир ыкмасы. Анын дагы бир себеби бар. Ал нота жөнөтүү менен чечилбейт. Чек ара тартиби боюнча келишим бар. "Көзөмөл-өткөрмө бекеттеринде кандай тартипте, эрежеде өткөрүш керек?" деген келишимдер аткарылып жатабы-жокпу, аны Мамлекеттик чек ара кызматы сүйлөшүшү керек. Анын ичинде жогору жактан саясий чечим барбы, жокпу - аны Тышкы иштер министрлиги өз кесиптештерименен сүйлөшүүсү зарыл.

Бул маселе ушул күндөрү Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинде да көтөрүлдү. Комитеттин мүчөсү, депутат Абдувахап Нурбаев мындай көрүнүштөр мамлекеттердин ортосундагы алака-катышка доо кетириши мүмкүн экенин эскертти.

Абдывахап Нурбаев.
Абдывахап Нурбаев.

- Комитет жыйынында депутат Жаныбек Бакчиев маалымат берди. Ал Алматыга учуп келип, ошол жерде кыргызстандык жарандардын паспортун чогултуп алган учурларды, кыйноо болуп жатканын өз көзү менен көрүптүр. Чек ара кызматында электрондук жабдуусу иштебей калып, 300дөй киши кезекте туруп калганын айтты. Мамлекеттик жетекчилердин ортосунда жакшы келишимдер түзүлүп жатат, бирок бул жерде ошол эле коррупциялык жолдор деп ойлойм. Алардын деле кызматкерлери тыйын-тыпыр алыш үчүн ар кандай нерселерге барып жатышпайбы. Ал нерсе биз тарапта да, алар тарапта да бар. Мамлекеттердин ортосунда доо кетет, бирок жеке аткаминерлердин коррупцияга аралашканынан ушундай болуп жатат.

Казакстандын аэропортунда мындай текшерүүлөр болуп жатканы жөнүндө былтыр күзүндө эле кеп козголгон. Абдувахаб Нурбаевдин айтымында, жарандарды түйшүккө салган жагдайларды, анын себебин иликтөө Тышкы иштер министрлигине тапшырылды.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Кытай абактагы айрым казактарды бошотту

Шинжаң аймагындагы этникалык казактар. Архив.

Бээжин "Кытай жарандыгынан чыгуунун тартибин бузган" деген жүйө менен кармалган бир нече казакстандыкты бошотту.

Казакстандын тышкы иштер министри Кайрат Абдрахманов 28-майда журналисттерге Казакстандын жарандыгын алгандан кийин Кытайга барганда кармалган 12 этникалык казактын тогузу бошотулганын, кытай тарап ар бир жаран тууралуу маалымат берип жатканын белгиледи.

Ал кошумчалагандай, ушул айда Бээжинге жасаган сапары учурунда кытай тышкы иштер министри Ван И менен кездешүүдө этникалык казактар маселеси да козголгон. Казак тышкы иштер министри аларда жалпысынан 170тей казак тууралуу маалымат бар экенин билдирди:

- Бизде азыркы учурда 170тей этникалык казак тууралуу маалымат бар. Ар бир адам боюнча иш жүргүзүп жатабыз.

Кайрат Абдрахманов.
Кайрат Абдрахманов.

​Буга чейин Кытайдагы казактардын массалык кысымга учурап, Казакстанга келип жарандык алгандары кайра барган кезде кармалып, “саясий тарбия берүү” деп аталган лагерлерге күч менен жөнөтүлүп жатканы кабарланган.

Бээжин аларды "Кытай жарандыгынан чыгуунун тартибин бузган" деген жүйө менен кармап жатышканын тышкы иштер министринин орун басары Мухтар Тлеуберди буга чейин билдирген. Казакстанга келип оралман макамын алган казактар Кытайда туруктуу каттоодон чыкпай, Бээжин өкмөтүнүн жеңилдиктерин алып келишкен:

- Казактар бизге келип жеңилдик аркылуу жарандык алышкан. Андан кийин кытай элчилигине барып паспортторун тапшырышкан. Бирок Үрүмчү жакка кайтып барган кезде алар туруктуу каттоодон чыкпагандыгына байланыштуу кармалып жатат. Себеби алар туруктуу каттоодон чыкпагандыктан социалдык төлөмдөрдү алып келишкен. Жергиликтүү бийлик азыр буга тыюу салган. Ушундай маселелер туулуп жатат. Ошондуктан биз жеңилдиктерди бергенде караштырып, Кытайдагы талаптарга каршы келбей тургандай жасашыбыз керек. Бул боюнча кытай өкмөтү менен жолугушуу өткөрүп жатабыз.

Кытайдагы “саясий тарбия берүү” лагеринде үч ай жатып чыккандан кийин Казакстанга кайтып келген Кайрат Самаркандын айтымында, андан сурак учурунда динге карата мамилеси, чет өлкөгө чыккандар менен байланышы, Казакстанда эмне жумуш жасай турганы тууралуу билүүгө аракет кылышкан:

- Мен ал жерде абдан кыйналдым, үч күн, үч түн суракка алды. Андан кийин лагерге машине менен алып барып таштады. Ал жерден кийимимди чечтирип, бутума кишен салып киргизип жиберди.

"Саясий тарбия берүү" деп аталган лагерлерде Кытай мамлекетинин идеологиясы тууралуу ырларды жаттатып, саясий сабактар да өтүлөт. Кайрат Самаркандын айтымында, Кытайдын Алтай аймагындагы ал жаткан лагердегилердин теңи казактар болгон.

- Мындайча айтканда 5700дүн 3300дөйү казактар экен. Ал эми 2000дейи уйгур, дагы 200дөйү дуңган.

​Америка Кошмо Штаттарынын Мамлекеттик департаментинин өкүлү Лаура Стоун өткөн айда Бээжиндеги басма сөз жыйынында Кытайдын батышындагы Шинжаң аймагында уйгурларды жана башка мусулмандарды куугунтуктоодон улам кармалгандардын саны абдан көп экенин билдирген. Стоун Шинжаңдан алынган маалыматтардын аздыгы кармалгандардын так санын билүүгө жолтоо болуп жатканын, бирок кармалгандар жок эле дегенде “он миңдеген адам" экенин белгилеген. Стоундун билдирүүсүнө комментарий берген Кытайдын Тышкы иштер министрлигинин өкүлү Шинжаңдагы бардык калктар ынтымакта жана өз турмушуна ыраазы болуп жашап, иштеп жүргөнүн айткан. Ал АКШга Кытайдын ички ишине кийлигишүүгө жол берилбей турганын да эскертти.

Ал эми “Эркин Азия” үналгысынын маалыматына караганда, быйыл январь айында Кашкардын өзүндө эле 120 миңдей адам кайра тарбиялоо борборлорунда болгон.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Террорго айыпталган адам абакта калды

Дастанбек Сарымсаков.

"Шавкат Мирзиёевге кол салууну пландаган" деп күнөөлөнгөн Дастанбек Сарымсаковдун жакындары ага коюлган айыпты "куру доомат" деп баалап жатышат.

Ош облустук соту Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевге кол салууга байланыштуу айыпталып, 15 жылдан ашуун мөөнөткө камалган Дастанбек Сарымсаковдун үстүнөн шаардык сот чыгарган чечимди күчүндө калтырды. Айыпталуучунун жакындары буга нааразы болуп, эми Жогорку сотко кайрылууну көздөп жатышат. Ал былтыр сентябрда кармалган.

Кара-Суудагы Кайрат айылынын 30 жаштагы тургуну Дастанбек Сарымсаков 24-май күнү Ош облустук сотунда сүйлөп жатып, террорчулукка тиешеси жок экенин, үйүнөн табылган жардыргыч заттар күч органдарынын кызматкерлери атайын уюштурган иш болгонун айтты.

Сарымсаковду былтыр 30-декабрда Ош шаардык соту 15,5 жылга кескен. Облустук сот бул чечимди күчүндө калтырды.

Ал 2017-жылдын 2-сентябрда үйүнө жакын жерде кармалган. Расмий маалыматка караганда, Сарымсаков курал-жарак жана жардыргыч заттарды мыйзамсыз сактоого, террор уюштурууга байланыштуу айыпталган.

Ош шаардык сотунун чечиминде Дастанбек Сарымсаков террордук топтун лидерлери менен алакада болгону, сентябрда Бишкекке келген өзбек президентине кол салууга, Орусиянын Оштогу консулдугунда, православ чиркөөсүндө жардыруу уюштурууга тапшырма алганы айтылган.

Тергөө материалдарындагы маалыматтарга караганда, тинтүү учурунда анын үйүнөн жардыргыч заттардын далилдүү фактылары табылган. Бирок атасы Хурсандбек Сарымсаков уулу куру дооматка калды деп эсептейт:

Хурсандбек Сарымсаков.
Хурсандбек Сарымсаков.

- Өзүңүз ойлоп көрүңүзчү, балам Ошто отуруп алып Бишкекте кол салуу уюштура алат беле? Бул акылга сыйбаган доомат. "Сирияда жана башка жерлерде жүргөн адамдар менен телефондо сүйлөшкөнсүң" дейт. Бирок аны тастыктаган бир да кагаз жок. Муну баары куру сөз.

Ош облустук сотунун өкүлү Бекзат Осмонкулов чечим тергөө материалдарындагы далилдер менен чыгарылганын билдирген:

- Сирияда согушка катышкан адамдар менен байланышта болуп жүргөнүн өзү билдирген. Бишкек шаарындагы белгисиз киши менен социалдык тармактар аркылуу байланышып, Бишкекте жана Ошто пландалып жаткан жардырууга катышууга чакырган.

Соттолгон Дастанбек Сарымсаковдун адвокаты Назгүл Сүйүнбаева жакын арада бул иш боюнча Жогорку сотко арыз жиберилээрин маалымдады. Ал тергөө кагаздары орусча жазылганын, Сарымсаков өзү түшүнбөгөн кагаздарга кол койгонун да кошумчалап, муну укук бузуу катары сыпаттаган.

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев Кыргызстанга 2017-жылы 5-сентябрда келип кеткен. Ал эми Дастанбек Сарымсаковду 2-сентябрда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) кармаган.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Казакстан: Ата-эненин уруксатысыз мечитке жол жок

Алматы соту дагы бир эркин сайтты жапты

Иллюстрациялык сүрөт.

Алматы шаарынын Медеу райондук соту 28-майда шаардык прокуратуранын Ratel.kz сайтынын үстүнөн жазган арызын канааттандырды. Сот чечимине ылайык, Ratel.kz сайты толук жабылып, бул аталышты колдонууга бир жылга тыюу салынды. Байкоочулар сот өкүмүн маалымат каражаттарына каршы куугунтук катары баалап жатышат.

Алматы шаарынын Медеу райондук сотунун судьясы Гүлмира Бейсенова прокуратуранын арызын канааттандырып, Ratel.kz деген аталышты колдонууга бир жылга тыюу салды:

- Ratel.kz аналитикалык интернет-порталынын кызматы токтотулсун, анын каттоосу жоюлсун жана анын домендерин колдонууга бир жылга тыюу салынсын, - деди ал.

Ошондой эле сот аталган интернет-порталдын журналисттерине өз макалаларын башка сайттарга Ratel.kz деген аталышта жарыялоого тыюу салды.

Сот мындай чечимге сайтты каттоодо кеткен бир катар алешимдиктер негиз болгонун жүйө келтирди. Прокуратуранын дооматына караганда, сайтты каттап жатканда ал жакта бир гана орус тилиндеги макалалар жарыяланары белгиленген, бирок порталда орус, англис жана казак тилиндеги макалалар жайгашып турган.

Ratel.kz доменинин же дарегинин ээси Геннадий Бендицкий былтыр жыл соңунда көз жумса да, домен кайра каттоодон өткөн эмес. Кожоюну дүйнөдөн өтүп кетсе да сайт иштей берген.

"Бул айыптоолор бийликте отурган айрым аткаминерлердин кызыкчылыгынан улам жаралды" деп эсептейт Ratel.kz сайтынын башкы редактору Марат Асипов.

- Негизинен сөз журналистикага тыюу салуу жөнүндө болуп жатат. Журналистиканын ким кимге үйлөндү, ким менен жүрөт, ким мушташты, өлтүрдү деген деңгээлге түшкөнүн каалашат. Мына ушундай журналистика биздин өлкөдө кадыресе, көнүмүш кабыл алынат.

Марат Асиповго да мурдагы каржы министри Зейнулла Какимжановдун арызы менен кылмыш иши ачылган. Аткаминер журналистти «жалган маалымат тараткан» деп айыптоодо.

Ratel.kz сайтынын башкы редактору Марат Асипов сот чечимин комментарийлеп жатат. Алматы, 28-май, 2018-жыл.
Ratel.kz сайтынын башкы редактору Марат Асипов сот чечимин комментарийлеп жатат. Алматы, 28-май, 2018-жыл.

Азыр бул иш боюнча тергөө уланууда. Асипов жана Ratel.kz сайтынын үстүнөн Какимжанов сотко кайрылып, былтыр апрель айында сот сайттын журналисттерин мурдагы министр жана анын уулунун пайдасына элүү миллион теңге айып пул төлөөгө милдеттендирген. Буга байланыштуу редакциянын кеңсесинде тинтүү жүргүзүлгөн.

Бул иштин алкагында Forbes Kazakhstan сайтынын башкы редактору да айыпталып жатат. "Адил сөз" фондунун координатору Елена Малыгина эл көйгөйлөрү айтылбай, жаап-жашырыла берсе, жагдай туура эмес багытта өнүгүп кетиши мүмкүн экенин айтууда. Ал ошондой эле сот адвокаттардын айткандарына тиешелүү көңүл бурбай койгонуна нааразы.

"Адил сөз" фондунун координатору Елена Малыгина. 28-май, 2018-жыл.
"Адил сөз" фондунун координатору Елена Малыгина. 28-май, 2018-жыл.

Ratel.kz - Казакстандагы оппозициячыл агенттиктердин бири. Анда иштеген журналисттер бийликте отургандар тууралуу өз иликтөөлөрүн жарыялап, коррупция маселесин тынбай көтөрүп турушкан.

Ratel.kz сайты жана анын редактору Марат Асиповго байланыштуу иш Алматы сотунда апрелде карала баштаган. 2-апрелде полиция "Ratel.kz" сайтынын жана "Forbes Kazakhstan" журналынын жергиликтүү кеңсесинде тинтүү жүргүзүп, компьютер, документтерди алып кеткен. Кийин тартип коргоочулар тинтүү мурдагы министр Зейнулла Какимжановдун доо арызынын негизинде болгонун айтышкан.

Эл аралык медиа уюмдарды коргоо коалициясы 18-майда тараткан билдирүүдө казак бийликтерин Ratel.kz менен Forbes Kazakhstan уюмдарына каршы козголгон иштерди жабууга чакырышкан.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Алымкул: Кокондогу ар кыл этносторду бириктирген колбашчы

Алымкул аталык Асан бий уулу.

Анжыян мамлекеттик университетинде теги кыргыз болгон, дили эгемен Кокон хандыгы үчүн соккон кыргыз аскер башчысы Алымкул Асан бий уулунун (1831—1865) өмүр жолуна арналган эл аралык илимий жыйын өткөрүлдү.

Бугу (май) айынын 17синде Өзбекстандын Анжыян облусунун борборундагы Анжыян мамлекеттик университетинде өзгөчө маанилүү эл аралык илимий жыйын өткөрүлдү.

Илимий жыйын айтылуу Алымкул Асан бий уулунун (1831—1865) өмүр жолуна арналды. Амир-и лашкер, лашкер башы (“аскер башчы”) сыяктуу даражаларды алган бул инсан иш жүзүндө аталыктын (регенттин) да милдетин аркалаган.

Жыйындын катышуучуларынын бир тобу. 17.5.18.
Жыйындын катышуучуларынын бир тобу. 17.5.18.

Кокон хандыгынын жалпы аскер башчысы болгон бул инсанга арналган эл аралык илимий жыйынды уюштурууга Өзбекстан тараптан Анжыян мамлекеттик университети, “Мерос” эл аралык уюму, ал эми Кыргызстан тараптан Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратына караштуу “Мурас” фонду, “Кыргыз Тарых Коому” эл аралык коомдук бирикмеси, Ош мамлекеттик университети сыяктуу бир катар кыргыз университеттеринин окумуштуулары үзүрдүү катышты.

Бул шеринеге, демек, өзбекстандык тарыхчылардан тышкары Кыргызстандын ар кыл илимий мекемелеринен жана Улуу Британиядан келген кыргыз таануучулар, тарыхчылар, түркологдор, тилчилер ж.б. адистеркатышты.

Өзбекстандагы АнжыянМУнун профессору, бул университеттеги музейдин мүдүрү, профессор Рустам Шамсутдинов, Э.Арабаев атындагы КМУнун профессору Ташманбет Кененсариев, “Мурас” жана “Мерос” фонддору бул илимий жыйынды уюштуруу камылгаларын былтыртан бери жүргүзүп келишкен.

Илимий жыйындагы терең мазмундуу баяндамалар Кокон хандыгынын тарыхы боордош кыргыз, өзбек, кыпчак, тажик ж.б. элдердин орток мамлекетинин тарыхы болгондугун, аны чыңдоодо жана анын эгемендигин коргоодо отурукташкан өзбек, ферганалык түрк жана тажик калктарынан тышкары, жызактык, анжыяндык, баткендик, оштук, аксылык, чаткалдык, таластык ж.б. кыргыз топтору, көчмөн өзбек, кыпчак уруулары жигердүү катышкандыгы жөнүндө чагылдырышты.

Жыйындын демилгечилеринин бири, профессор Ташманбет Кененсариев бул окуянын изи менен мындайча маалыматты “Фейсбуктагы” жеке барагына жазды:

Кыргыздын Улуу тарыхый инсаны, кыргыз эли гана эмес, бүтүндөй Түркстандыктардын азаттыгын коргоп, 1865-жылы Ташкенттин алдында орус генерал М.Г.Черняевдин экспансиялык армиясы менен салгылашып жатып, 9-май күнү 34 жашында каза болгон Алымкул Лашкер башынын –“амир ул-умаро” (1831—1865) өмүрүнө жана ишмердигине арналган кыргыз жана өзбек тарыхчыларынын биргелешкен эл аралык конференциясы болуп өтүп, Кыргызстандан 30дай илимпоз бардык...

Кокон доорундагы саясий айдыңда метеордой жаркып өткөн тарыхый инсандардын бири — Ташкен шаарын падышалык Орусиянын баскынчыл оторчул аскерлеринен коргоп жатып, жогоруда Ташын агайыбыз жазгандай, 34кө караган толукшуган чагында курман болгон даңазалуу кыргыз мамлекеттик ишмери Алымкул Асан бий уулу.

Айрым китептерде анын теги бүдөмүк жазылып келген, ал түгүл аны кыпчак деп сунуштаган макалалар да болгон. Бирок Алымкулдун кичүү үзөңгүлөштөрү жазган тарыхый маалыматтар жана анын азыркыга чейин жашап жаткан урпактары айткан айныксыз санжыралык маалыматтар бул атактуу кол башчынын (иш жүзүндө “амир-и лашкер”,“лашкер башы” титулу менен Коокн хандыгын бийлеп турган аталыктын) теги кыргыз экендигин тастыктайт.

Маселен, падышалык архивдерди казган адистердин бири, тарыхчы Кыяс Молдокасымов жазгандай:

Өзбекстан Республикасынын Борбордук мамлекеттик архивинде Алымкул аталыктын уулу Шер-Мухаммед (Шермат. — К.М.) Мырза Алымкулов тууралуу документтер көп учурайт. Анда Мырза Алымкулов Коргон-Төбөлүк кыргыз-кыпчак, Алымкул аталыктын уулу деп жазылган. Мына ушул маалыматтан Алымкул аталыктын киндик каны тамган мекенин тактоого болот.

Биз Алымкул аталык тууралуу анын жердеши, жакын тууганы Гулямкадыр Кенжебаевден кеңири маалымат алган элек. (Ал акыркы жылдары Бишкек шаарында жашап жүрүп, 1998-жылы каза болду). Анын айтканына караганда, Алымкул аталык Өзбекстандын Анжыян облусунун Жалал-Кудук районунун Коргон-Төбө кыштагынын жанындагы Таштак айылында төрөлгөн. Бул жер азыр Насирдин Исанов айылы деп аталып калды”.

Айтылуу ташкендик тарыхчы Молдо Мухаммад Йунус Жан Шыгавул датка Ташкенди өз учурунда Алымкулдун өтө ишенимдүү кишиси, анын жөкөрү, анын атынан дипломатиялык тапшырмаларды аткарган инсан болгон.

Молдо Мухаммед Йунус Ташкенди жазган "Тарых-и Алимкул Лашкар-беги" эмгегинде Алымкул аталыктын теги кыргыз экени тастыкталган.

"...Ma’lum o‘lg‘aykim, Amirlashkari marhumning nasablari qirg‘iz-qipchoq jamoasidan bo‘lib, ismi shariflari Mullo Alimquli Hasanbiy o‘g‘li erdi va volidayi shariflari Shaharbonu bibi erur".

Кыргызча котормосу мындай:

"Белгилүү болгондой, маркум Амир-лашкердин (Башкы колбашчынын) ата-теги кыргыз-кыпчак тобунан болчу, бул кадырлуунун ысымы Молдо Алымкул Асан бий уулу эле. Аны төрөгөн кадырлуу энеси - Шаарбану-бүбү эле".

Чагатай түркчө жазылган бул чыгарма оштук окумуштуу А. Топчуев тарабынан өзбек тилинен кыргыз тилине которулуп, ага профессор Т. Кененсариев түшүндүрмө жасап, «Алымкул аталык» деген аталыш менен 1999-жылы жарык көргөн.

Молдо Мухаммед Йунус Ташкендинин жазышынча, Алымкул 2 жашында атасы каза болуп, 5-6 жашка чейин Бужум-Баткенде таекелеринин колунда өсөт. Бирок, бул кол жазманын башка жеринде Алымкул бой жеткенге чейин эле атасы Асан бий тирүү жүргөнү, бий катары кадыр-барктуу болгону айтылат. Аны башка тарыхый даректер да бышыктайт.

Алымкул Лашкер башы кутумдун негизинде тактыга отургузулуп, Кокон хандыгын жетектеп калган эрезеге жете элек Султан Сейиттин атынан бул өлкөнү жеке башкарып калган. Ошондуктан бул хандыкта моралдык жактан аталык милдетин аткарган инсанды кийинки адабиятта “Алымкул аталык” деп атап келишет, ал эми анын доорундагы адабиятта ал тек гана “лашкер башы” (жалпы аскер башчысы, Башкы колбашчы) деп аталган.

Алымкул Асан бий уулу өзүнүн этностук теги боюнча кыргыз-кыпчак экендигин казакстандык белгилүү кокон таануучу Тимур Бейсембиев (1955—2016) дагы илимий эмгектеринде тастыктаган.

(Караңыз: The life of ‘Alimqul. A native Chronicle of Nineteenth Century Central Asia. Mulla Muhammad Yunus Djian Shighavul Dadkhah Tashkandi. / Edited and translated by Timur K. Beisembiev. — London and New York: Routledge Curzon. 2004.)

Анжыяндагы илимий жыйында маркум Тимур Бейсембиев аганын ысымы жана Кокон хандыгынын жазма маалыматтарын изилдөөдөгү анын опол тоодой эмгеги тууралуу да эскерилип өттү.

Профессор Ташманбет Кененсариев Алымкул Асан бий уулунун урпактарынын тагдыры тууралуу мындайча маалымат берет:

“...Алымкул Лашкер башыдан үч уул калган. Алымкул шейит кеткенден кийин анын үй-бүлөсү алгач Кашкардагы Жакыпбектин Жети-Шаар мамлекетине жашынышкан. "Йеттишаар" деп аталган бул мусулман мамлекети 1864-жылы Алымкул Лашкер башынын буйругу менен Ферганадан Жакыпбек баштаган жоон топ кыргыз бийлеринин жана жоокерлеринин активдүү согуштук аракети менен курулгандыгы тарыхта маалым. Бирок, мусулмандык Жетишаар мамлекети кыйрагандан кийин (1877) Алымкулдун уулдары жана үй-бүлөсү акырындык менен Фергана өрөөнүнө кайтып келишкен эле.

Алымкул Лашкер башынын уулдары төмөнкүлөр: Ташмухаммад (Ташмат) мырза (орус отор доорунда Коргон-Төбө, Көгарт, Сузак аймактарында бир нече жолу болуш болгон).

Экинчи уулу Шермухаммад (Шермат мырза) негизинен Анжыян шаарында жашап, шаардык жергиликтүү башкармалыктын аксакалдыктарынын (болуштукка тете бийлик) биринде башчы болуп кызмат аркалаган. 1916-жылкы көтөрүлүштүн башталышында падышачылыктын саясатына нааразылыгын билдирген соң, аны ошол мезгилде жүрүп жаткан дүйнөлүк согушта Орусиянын тыл жумуштарына жеберишкен. Анын андан кийинки тагдыры белгисиз. Шермат мырзанын бир уулу Азизбек 1941-жылы фашисттерге каршы согушка өз ыктыяры менен кетип, майдандан кайтпаптыр. Шермат мырзанын кийинки урпактары Анжиян облусунда, Баткен облусунда жашашат.

Үчүнчү уулу Рустамбек Өктөбүр төңкөрүшүнөн (1917) кийин акырындык менен АКШга өтүп кетип, эмиграцияда жашаган. Кийинчерээк Кыргызстанга, Анжыянга да келип кеткендиги жөнүндө маалымат бар.

Алымкул Лашкер башынын урпактарынын бир тобу Ташкентте турушат. Мисалы, Алымкулдун тун уулу Ташматтын небереси Ташматов Кайтпас Карабекович көп жылдар Өзбекстандын Жогорку Сотунун төрагасынын орун басары болуп иштеп келген. Анын уулу Азиз Кайтпасович учурда Ташкент шаарынын Эсеп палатасынын төрагасы”.

Кайтпас Карабекович Ташматов.
Кайтпас Карабекович Ташматов.

Илимий жыйынга Ташкен шаарынан Алымкул аталыктын урпагы (чөбөрөсү) Кайтпас Карабекович Ташматов да катышты. Аны менен жандуу баарлашуу жана дидарлашуу тарыхчыларды эч унутулгус таасирге бөлөдү. Бул таасирди ого бетер бекемдеп, тарыхчылар Кайтпас агай менен байма-бай сүрөткө түшүп жатышты.

Жыйындын ачылыш аземинде Анжыян мамлекеттик университетинин кыргыз филологиясы факультетинин студенттери кыргыз улуттук кийимдери менен катышып, өзбек курбалдаштары менен кошо тизилип турушту.

АнжыянМУнун ректору Акрамжан Юлдашев, ОшМУнун проректору Идирис Кенжаев, “Мурас” фондунун башчысы Кыяс Молдокасымов, “Мерос” фондунун башчысы Рустамбек Шамсутдинов, “Кыргыз Тарых Коому” эл аралык коомдук бирикмесинин жетекчилигинин өкүлдөрү, Анжыяндагы кыргыз диаспорасынын жетекчи өкүлү Гүлнара Эралиева ж.б. эл аралык илимий шеринеге келген конокторго терең ыраазычылык билдиришти.

Ал эми Кыргызстандын Жалал-Абат облусунун акиминин (Кыргыз Өкмөтүнүн Жалал-Абат облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн) орун басары Мамасалы Такабаевич Акматов да жыйындын ачылыш аземинде чыгып сүйлөп, өзү да Алымкул аталык менен чоң аталаш болгон инсандын урпагы экенин белгиледи. Ал Кыргызстан менен Өзбекстандын карым-катнашы жакшы деңгээлге чыга баштаганын айтканда, жыйындагылар эки мамлекеттин өз ара карым-катнашындагы соңку жаңыланууга ыраазылык билдирип, кол чабышты.

Жыйындын программасынын 1-бети.
Жыйындын программасынын 1-бети.

Жыйында Ташманбет Кененсариев, Рустамбек Шамсутдинов, Кыяс Молдокасымов, Арслан Капай уулу Койчиев, Жеңиш Дүйшеев, Эрнис Авазов, Сыдык Смадияров, Гүлжамал Токтогулова, Гүлнара Анарбаева, Кудрат Халматов, Абдинаби Кадыров, Байболот Абытов, Венера Анарбекова, Нургүл Сооронбаева ж.б. сунуштаган илимий баяндамалардын ар биринде жаңы өңүттөр камтылды.

Маселен, өзбекстандык тарыхчы М.Б.Шамсиевдин баяндамасы “Алымкул Амир-и лашкардын эки жүздүү саясий турумду тутунган соодагерлерге карата мамилеси жөнүндө (Ташкендин каратылышы тууралуу)” деген кызыктуу темага арналды. Ал Ташкен аймагындагы айрым соодагерлердин орусиялык экинчи атуулдугу болгонун, алар өз балдарын Санкт-Петербург сыяктуу шаарларда да окутуп келишкендигин, ошондуктан Ташкен аймагынын Орусия тарабынан каратылышына орусиячыл мамиле жасашкандыгын белгиледи.

Таластык изилдөөчү Моймол Жусупова Зыйнат даткайымдын Кокон тарыхындагы орду тууралуу баяндаманы сунуштады.

Тарыхчы Кыяс Молдокасымов адабиятта “акын молдо Калбек Андижани” деген ысым менен белгилүү ферганалык акындын теги — кыргыздын чоңбагыш уруусунан экендигин, анын урпактары учурда Ноокендин Чоңбагыш айылында жашаарын белгилей кетти.

Кайтпас Ташматов мырза жыйындын этегинде кайра сөз алып, Кыргызстан менен Өзбекстандын мындан аркы мамилелери ырааттуу чыңдалсын деп дуба кылаарын айтты.

Илимий шеринени жыйынтыктап жатып, профессор Рустам Шамсутдинов менен АнжыянМУнун ректору Акрамжан Юлдашев мырзалар өзбек жана кыргыз элдеринин достугун көз карегиндей сактоо керектигин белгилеп, эл аралык жыйынга туш-тараптан келген конокторго терең ыраазычылыгын билдиришти.

Илимий жыйын маалында Анжыян мамлекеттик университети Кыргызстандын айрым университеттери (анын ичинде ОшМУ) менен эки тараптуу кызматташтык тууралуу меморандум түзүп жаткандыгын аталган окуу жайдын ректору, профессор Акрамжан Юлдашев жарыялады. (Айтмакчы, АнжыянМУ сунуштаган ушундай меморандумдун бир долбоорун биз Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин ректоратына алып келип тапшырдык).

Орток тарыхты иликтөөдө биргелешкен аракеттерди мындан ары да жүргүзүү жана орток илимий жыйындарды улантуу чакырыгы менен аяктаган бул Анжыян илимий шеринеси эки өлкөнүн тарыхчыларынын XXI кылымдын башындагы унутулгус окуясы болуп калды десек жаңылышпаспыз.

Казакстанда динге талап катаалдашты

Казакстандагы мечиттердин биринде отургандар.

Казакстанда “Диний кызмат жана диний уюмдар жөнүндө” мыйзамга киргизилген өзгөртүүлөр күчүнө кирсе, бетти жапканга, сыйынуучу жайдан башка жерде нике кыюуга тыюу салынат. Ошондой эле жаңы мыйзам долбооруна ылайык, 16 жашка толо элек балдардын ата-энесиз мечиттерге, чиркөөлөргө киришине уруксат берилбейт.

23-майда Казакстандын мажилиси “Диний кызмат жана диний уюмдар жөнүндөгү” мыйзамга киргизилген өзгөртүүлөрдү экинчи окууда карап, колдоп берди.

"Жетинчи күндүн адвентисттеринин" чиркөөсүнүн пастору Андрей Тетерюк сыйынууга келгендер менен маектешүү, аларга диний насаат айтуудан тышкары, эми чиркөөгө баш баккан балдардын ким менен келгенин да териштирүүгө милдеттүү болот.

Анткени жаңы мыйзам күчүнө кирсе, балдар сыйынуучу жайларга ата-энесинин же жакын тууганынын коштоосунда гана келе алат. Ошондо да ата-эненин бири баласын ибадатканага жиберүүгө макул болгон кагаз жүзүндөгү уруксаты болушу керек.

- Ажырашып жашап жаткан үй-бүлөлөр да болот. Эгер ата-энелер балдарды талашcа же балага таасир эткиси келcе бул нерсени да колдонушу мүмкүн. Диний кызматкер сыйынууга келгендердин баарын эле биле бербейт, - деди Андрей Тетерюк.

Диний кызматкер эгер өспүрүм мечитке же чиркөөгө жалгыз келсе, анда аны "ата-энең менен кел" деп жөнөтүүгө милдеттүү. Баланын ата-энесинин бири анын уруксаты жок баласы ибадатканада болгонун айтып арызданса, анда чиркөө, мечит же сыйынуучу жай административдик жазага тартылып же жабылып калышы да мүмкүн.​

Казакстандагы чиркөөлөрдүн бири.
Казакстандагы чиркөөлөрдүн бири.

Андрей Тетерюк жаңы эрежелерди ишке ашыруу үчүн сыйынуучу жайлардын үстүнөн көзөмөл мындан ары да күчөйт деген ойдо. Демилгечилер өзгөртүүлөрдүн киргизилип жатышын экстремизмге жана терроризмге каршы күрөшүү жана анын коркунучтарынын алдын алуу максаты менен түшүндүрүшкөн.

Мажилистин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук комитетинин төрагасы Мухтар Ермандын айтымында, сунушталган толуктоолордун алкагында жалпысынан үч кодекске жана тогуз мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилген:

- Биз балдардын аң-сезимин коргошубуз керек. Жаштарды тарткан туура эмес ар кандай агымдар жана үгүттөр бар. Ушул кооптуу жагдайлардан аларды сактоо зарыл.

Казакстандын мажилиси.
Казакстандын мажилиси.

Долбоорго “деструктивдүү диний агым”, “диний радикализм” сыяктуу жаңы мыйзамдык түшүнүктөр да киргизилген. Дин иштери жана жарандык коом министрлигинин кабарына караганда, мыйзам долбоорунун максаты – мамлекет менен конфессиялар ортосундагы карым-катнашты өнүктүрүү, диний уюмдардын укуктары менен милдеттерин аныктоо, диний чөйрөнү иретке салуу.

Анда мамлекеттик кызматкердин диний аракеттерине байланыштуу талаптар, диний уюмдардын кызматын көзөмөлдөө, абактагылардын диний аракеттерин иреттөө, чет жерде билим алуунун тартибин жолго коюу жагы да бар.

Жободо коомдук жайларда бетти жапкан никаб кийүүгө, сыйынуучу жайлардан башка жерлерде нике кыюуга тыюу салынган. Бул талаптарды бузгандар административдик жазага тартылып, айыппул салынат.

Буга чейин “Форум-18” адам укугун коргоо уюмунун расмий сайтынын редактору Феликс Корли өкмөт даярдаган диний уюмдар тууралуу мыйзамга кигизилип жаткан өзгөрүүлөр Казакстандын эл аралык милдеттемелерин аткаруудагы кемчиликтерин жойбой, тескерисинче күчөтөт деген камтамачылыгын билдирген.

Ал эми Астанадагы Назарбаев университетинин деканы Хелен Тибо “Азаттыкка” экстремизмдин алдын алуу чаралары иретинде көрсөтүлгөн тыюулар жана чектөөлөр натыйжа бербейт, алар жаңы проблемаларды пайда кылышы мүмкүн экенин белгилеген.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

"Достук": азайбаган тыгын, тымызын пара

"Достук" чек ара пунктундагы абалдан бир көрүнүш. 19-май, 2018-жыл.

Кыргыз-өзбек чек арасында кезек күткөндөрдүн тыгыны жарым жылдан бери азайбай жатат.

Күбөлөр бул көйгөй айрыкча кыргыз тарапта орчундуу экенин айтышат. Анткени паспорт көзөмөлдөөчү бөлмөлөр коңшу өлкөнүкүнөн эки эсе аз. Кыргыз тарап бул маселени чечүүгө убада берип келет. Ошол эле учурда жүргүнчүлөр арасында "кыргыз чек арачылары жана бажы кызматкерлери элди ары-бери өткөрүүдө пара алып жатат" деген кеп-сөздөр бар.

Бүтпөгөн тыгын

Айрыкча Ош менен Анжиян облустарынын ортосундагы “Достук” көзөмөл-өткөрмө бекетинде быйыл кыштан тартып жүк ташыгандар көбөйүп, ал кезек талаш, ызы-чуу менен коштолууда. Мындай көрүнүшкө Жалал-Абаддагы “Маданият” өткөрүү бекетинен да күбө болосуз.

Бүгүн күнү-түнү иштеген пункт – “Достуктагы” абал тууралуу сөз кылабыз. Расмий маалыматка ылайык, бул жерден күнүгө 10-12 миң киши нары-бери каттайт.

Тыгында тургандардын арасында туугандарына айылчылап жөнөгөндөр, саякатчылар жана соодагерлер бар. Эркектерге караганда аялдар көбүрөөк. Чоң кагаз кутуларга салынган муздаткыч, телевизор ташып бараткандарды көрүүгө болот. Алар Өзбекстанга Кыргызстандан тиричилик техникасын алып өтүшөт. Ал жактан Кыргызстанга мөмө-жемиш алып киргендер көп.

Ишемби, жекшемби жана шейшемби күндөрү Кара-Сууда дүң соода болгондуктан, чек арадан өткөндөр ошол күндөрү көп болот.

"Достук" өткөрүү пунктундагы көрүнүш. 19-май, 2018-жыл.
"Достук" өткөрүү пунктундагы көрүнүш. 19-май, 2018-жыл.

Бажы кызматы үн катпайт

Тыгында тургандардын арасында "бажычылар жана чек арачылар акча алып өткөрүп жатат" дегендер да бар. Алардын бири, Анжияндын Хожабад районунун тургуну Мафтуна Алиева "Азаттыктын" өзбек кызматына мындай деген:

- Формачандар акча алышат. Бажы кызматкерлери да алат. Көбүрөөк бажыдагыларга беребиз.

Жүргүнчүлөрдүн көпчүлүгү "мындай кезек күтүүдө сөзсүз паракорлук болот" деп, бирок ары-бери каттаганда кыйынчылыкка туш болуудан чочулап, аны ашкерелегиси келбейт.

Акча алуу жөнүндө кеп-сөздөрдү Мамлекеттик чек ара кызматынын адистери төгүнгө чыгарып, эч кимде видео же башка далил жок экенин билдирип жүрүшөт.

Маселенин чоо-жайы жана аны чечүүнүн аракеттери тууралуу Кыргызстандын Мамлекеттик бажы кызматы түшүндүрмө бербейт. Комментарий айтууга мекеменин жетекчилигинен азырынча уруксат жоктугун басма сөз катчы Нурия Ташполотова “Азаттыкка” билдирди.

Күбөлөрдүн айтымында, кезек күтүүдөгү талаш-тартыш көбүрөөк кыргыз тарапта болот. Ош шаарынан жакында эле Өзбекстанга барып келген Улан Мамасадыков көргөн-билгендерин айтып берди:

- Кыргызстандын чек ара, бажы текшерүү жайында кезек күткөндөр аябай көп. Өзбекстан тарапта андай узун кезекти көргөн жокмун. Себеби, аларда элди тейлеген кызматкерлер көп экен. Тартип да бар экен.

"Достуктагы" тыгын. Март, 2018-жыл.
"Достуктагы" тыгын. Март, 2018-жыл.

Кыргызстанда текшерүүчү бөлмөлөр аз

“Достук” көзөмөл-өткөрүү пунктунун башчысы Бакыт Зулпукаровду кепке тарттык:

“Азаттык”: Кыргыз-өзбек чек арасындагы “Достук” көзөмөл-өткөрүү пунктунда кезек күткөндөр азайбай, тыгынга нааразы болгондор “Азаттык” радиосуна көп кайрылат. Алар "кыргыз тарапта документ текшерип өткөргөндөр аз" деп даттанышат. Канча кызматкер иштейт?

Зулпукаров: Бул жерде кеп кызматкерлерде эмес. Документ текшерүүчү кабиналар тууралуу айтсак болот. Азыр бизде 13 кабина бар. Кыргызстанга кирип келатканда алты, Өзбекстанга чыгып баратканда жети кабина бар. Орозонун кириши менен нары-бери каттагандар азайды эле. Бирок Кара-Сууда дүң базар болот эмеспи, ошого байланыштуу кайра адамдар көбөйдү. Айрыкча ишемби, жекшемби жана шейшемби күндөрү эл көбөйөт. Ошол күндөрү базар болот.

“Азаттык”: Кабиналар жетишсиз экени мурда да айтылган. Көбөйтөсүңөрбү?

Зулпукаров: Азыркы күндө биздин жогорку жетекчилик кошумча кабиналарды ачууга аракет кылып жатат. Жакында ачылат, ошондо өткөрүү мүмкүнчүлүгүбүз көбөйөт.

“Азаттык”: Мамлекеттик чек ара кызматынын коомчулук менен байланыш бөлүмүнүн адистери "кабиналардын саны жакында 30га жетет" деп айтты. Ал качан ачылат?

Зулпукаров: Азыр анык айталбайм. Аны жетекчилик билет. Бир айдын ичинде ачылышы керек.

“Азаттык”: Өзбекстан тарапта ошондой документ текшерүүчү канча бөлмө бар, билбейсизби?

Зулпукаров: Биздеги маалымат боюнча, бир тарапка 12, экинчи тарапка 12 кабина иштейт. Жалпысынан 24 кабина колдонушат.

“Азаттык”: Нары-бери каттаган жөнөкөй жарандар “Достукта” паракорлук көп экенин айтышат. "Акча бергендерди кезексиз өткөрүп, бербегендер тыгында турганга мажбур" деген маалыматтар бар. Буга кандай комментарий бересиз?

Ортомчулар, такси айдагандар “өткөрүп коём” деп акча алышат деп угуп журөбүз. Алар өз кызыкчылыгын ойлоп, биздин кызматкерлерди жаман көрсөтүп жатышат.
Бакыт Зулпукаров

Зулпукаров: Буга каршы башынан эле аракет кылып келатабыз. Көзөмөл-өткөрүү жайынын кире беришине, чыгып жаткан жерге да ишеним телефондорунун номуру жазылган. Дароо чалышса болот. Андан тышкары, чек арачы аты-жөнү, кызматы жазылган бейджик тагып алат. Аны таанып, аты-жөнүн айтса болот.

“Азаттык”: Ошол ишеним телефондоруна чалгандар барбы? Арызданышабы?

Зулпукаров: Азырынча паракорлук боюнча кайрылгандар жок. Кезек күтүүгө, тыгынга нааразы болуп чалышат.

“Азаттык”: Бирок эл арасында андай паракорлук тууралуу айтылып жүргөн кеп-сөздөрдү уксаңыз керек? Жетекчилик өзү акырын көз салбайбы?

Зулпукаров: Дайыма көзөмөл жүргүзөбүз. Азырынча факты жок. Бул жерде биздин чек арачылар эмес, ортомчулар, такси айдагандар “өткөрүп коём” деп акча алышат деп угуп журөбүз. Алар өз кызыкчылыгын ойлоп эле, акча табуунун амалын кылып, биздин кызматкерлерди жаман көрсөтүп жатышат. Биз зым тосмо менен тосуп, көзөмөлдөп жатабыз.

“Азаттык”: Азыр бир күндө “Достуктан” канча киши өтөт?

Зулпукаров: Бир күндө 10-12 миңден адам өтүп жатат. Биздин пункт күнү-түнү иштейт.

“Азаттык”: Жүк ташыгандар көбүнчө кандай буюмдарды алып өтүшөт?

Зулпукаров: Эртең менен Өзбекстан тараптан биздин өлкөгө көп киши өтөт. Бир күндө эки-үч жолу өткөндөр бар. Тиричилик техникасын сатып алып, кайра кетишет. Алар өздөрү тарапка алып өтсө, 500-800 сом пайда табат экен. Аял кишилер кездеме ташыйт. Ал эми Өзбекстандан мөмө-жемиш көп кирет. Каттагандардын дээрлик 80 пайызы жүк ташып, тирилик кылгандар.

"Достук" кеңейтилип жатат

Өзбекстандын мурдагы президенти Ислам Каримовдун тушунда чек арадан өтүү татаалдашып, 2010-жылы Кыргызстандагы апрель, июнь окуяларынан кийин Ташкент аны бир тараптуу жаап салган. Нары-бери каттагандар чакыруу телеграммасы менен гана өтүп турушкан. 2017-жылдын сентябрында өткөрүү пункттары ачылган.

Евразия Экономикалык Биримдигинин талаптарына ылайык “Достук" кыргыз-өзбек чек ара жана бажы бекетин кеңейтүү максатында кыргыз өкмөтү аймактагы 35 короо-жайды сатып алган. Учурда бул үйлөрдүн ээлери башка тилкеге там тургузуу менен алек.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG