АКШ жарандыгын алган Закир Алиев бир канча жылдан кийин Өзбекстанга келгенде кармалды. Мамлекеттик коопсуздук кызматы ал “Өзбекстан ислам кыймылынын” иш-аракеттерине катышканы үчүн издөөдө” жүргөнүн билдирүүдө.
Тажикстанда билим алган 4 миңден ашык түркмөнстандык студенттер оор абалда калды. Анткени алар колдонгон эл аралык банк карталары убактылуу жабылып, Түркмөнстандан акча которулбай калды. Бул Түркмөнстандагы экономикалык каатчылыкка байланыштуу болуп жатканы кабарланды.
Казак парламенти өлкөнүн куралдуу күчтөрүнүн БУУнун миссияларына катышуусун колдоду. Президент Нурсултан Назарбаевдин сунушу эки палатанын жалпы жыйынында каралып, колго салынган. Мамлекет башчы 120 жоокерди Ливандагы убактылуу миссияга жөнөтүүнү сунуш кылган.
Түштүк Кореяда жол кырсыгынан кийин ооруканада каза болгон тажикстандык Нурмухаммад Жалаловдун сөөгүн жакындары медициналык кызматтар үчүн ал өлкөгө 21 миң доллар төлөгөн соң гана алышты. Анткени мигрант жигиттин бул өлкөдө жашап, дарыланууга жол берген медициналык камсыздандыруу документи болгон эмес.
Ташкент шаарынын прокурорунун мурунку биринчи орун басары Мираглам Мирзаевге таандык байлыкты издөө максатында анын жакын туугандарынын үйү тинтүүгө алынууда. Мурунку президент, маркум Ислам Каримовдун бийлигинин тушунда алардын үй-бүлөсү Өзбекстандагы бүтүндөй күч түзүмдөрүн көзөмөлдөп, ишкерлерден салык чогултуп жүргөнү айтылат.
Тажикстандын ислам борбору жубайларын жыныстык катнашка мажбурлаган эркектерди айыптап чыкты. Бул боюнча коңшу өлкөнүн муфтийи атургай атайын фатва чыгарды. Өткөн жумада ушул эле муфтий болсо бокс менен эрежесиз эр урушту "арам" деп атаган.
АКШ менен Түндүк Кореянын лидерлери өзөктүк курал маселесин талкуулашты. Украинада жемкорлордун иши өзүнчө сотто каралмай болду.
ШКУнун жыйынында Кытайдын темир жол долбоорунун багыттары жарыяланды.
Түркмөнстан миграциялык мыйзамдарды бузган жарандар үчүн мунапыс берүү маселесин карап жатканы белгилүү болду. Бул чара чет өлкөдө жүрүп, убагында биометрикалык паспорт албай калган түркмөн мигранттарына дагы тиешелүү.
Тажикстанда "мигранттар ВИЧке кан тапшыргандан кийин гана өлкөгө киргизилсин" деген демилге көтөрүлдү. Өзбекстанда болсо жыл башында мигранттар үй-бүлөлөрү менен текшерүүдөн өтүүгө милдеттендирилген.
Кытайда камакта отурган казак улутундагы Ертай Султанбектин туугандары Алматыда басма сөз жыйынын өткөрүп, казак бийлигинен көмөк сурады. Ертай быйыл 25-майда Кытайда кармалгандан бери кабарсыз. Басма сөз жыйынын өткөргөндөр Назарбаевдин Кытайдагы сапарында ал жактагы казактардын маселесине бийликтин көңүлүн бурдурууну көздөп жатканын айтышты.
Казакстандагы бейөкмөт уюмдардын ишин татаалдаткан жаңы мыйзам жарандык активисттер үчүн күтүлбөгөн жаңылык болду.
Дагы жүктөңүз