Линктер

жекшемби, 21-июль, 2019 Бишкек убактысы 15:48

Борбор Азия

Арал маселеси аймакты бириктиреби?

Кичи Арал деңизи, Кызылордо. 22-июль, 2018-жыл.

Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков Арал деңизинин тагдырына байланыштуу жыйында Борбор Азияда суу бөлүштүрүү лимитин аныктоо жана ага кеткен чыгымдарды төлөө маселесин көтөрдү.

Аралды коргоо боюнча эл аралык фонддун сууну үнөмдүү жана натыйжалуу пайдалануу боюнча ишмердигин сындаган президент Сооронбай Жээнбеков суу башында турган өлкөлөрдүн кызыкчылыгын эске алуу менен аны түп-тамырынан бери реформалоону сунуш кылды. Мамлекет башчылары Арал деңизи чоң мүшкүлгө айланганын айтып, ар бир өлкөнүн кызыкчылыгын эске алуу менен иш алып бармак болушту.

Кыргызстан өз кызыкчылыгын коргоду

Кыргызстан 2016-жылы Арал деңизин сактоо боюнча эл аралык фонддун ишине катышуусун убактылуу токтоткон. Анткени фонддун иши Кыргызстандын кызыкчылыгына туура келбей турганы көрсөтүлгөн.

Президент Сооронбай Жээнбеков 2009-жылы Алматы шаарында өткөн саммитте фонд башында түзүлгөндө дарыялардын башында жана төмөн жагында жайгашкан өлкөлөрдүн кызыкчылыгын бирдей сактоого байланышкан кыргыз тараптын сунуштары колдоо таппай келгенин эске салды.

Долбоорлорду жана программаларды каржылоонун ачыктыгында жана акчаны калыс бөлүштүрүүдө маселе бар экени белгиленди. Президент Сооронбай Жээнбеков Борбор Азияда суу бөлүштүрүү тутуму азыркы учурдун талабына жооп бербей турганын билдирди:

Сооронбай Жээнбеков.
Сооронбай Жээнбеков.

- Азыркы сууну бөлүштүрүү тутуму заманбап талаптарга жооп бербейт жана аймактагы өлкөлөрдүн кызыкчылыгын эске алуу менен кайра карап чыгууну талап кылат. Ошондуктан Кыргызстан 1998-жылы кабыл алынган Нарын жана Сыр- Дарыянын суу-энергетикалык ресурстарын пайдалануу боюнча аймактагы өкмөт аралык макулдашуунун алкагында кызматташтыкты калыбына келтирүүнү жактайт. Анткени ал макулдашууда суу-энергетикалык ресурстарды пайдалануунун компенсациялоо механизмдери бар.

Муну менен президент Сооронбай Жээнбеков союз учурунда жана андан кийинки жылдарда Өзбекстан менен Казакстан Кыргызстандын суу сактагычтарынан агып чыгып, кошуна өлкөлөрдүн айдоо талааларын сугарууга колдонулган суу үчүн компенсациялоо төлөмдөрүн эске салды.

Анда Кыргызстан жайкысын сууну тоскоолдуксуз коё бергени үчүн Өзбекстан менен Казакстан Кыргызстанга жеңилдиктерди карап келген. Бирок андай жеңилдиктер 2005-жылдан кийин токтотулган.

Эксперттер Борбор Азияда жыл сайын мөңгүлөр жукарып жатканын эскертишет.
Эксперттер Борбор Азияда жыл сайын мөңгүлөр жукарып жатканын эскертишет.

​Энергетика боюнча эксперт Расул Умбеталиев Кыргызстан суу сактагычтарды тейлөөгө кеткен чыгымдарды талап кылып, газ жана мунай сыяктуу товарларды арзандатылган шартта алууну кайра калыбына келтирүүгө мүмкүнчүлүгү бар экенин айтты:

- Өзбекстан менен Казакстан айдоо аянттарын кеңейтип, суу пайдаланууну ашкере көбөйткөндүктөн дарыялардын агымы Арал деңизине толук жетпей калган. Бизден го баягыдай эле өлчөмдө суу кетип жатат. Биздин суу сактагычтарга тиешелүү көлөмдө сууну топтоого, жыл сайын аны тазалап, оңдоого оңбогондой эле каражат жумшалат. Коңшу мамлекеттер болсо бул үчүн бизге акча төлөп бериши керек болчу. Бирок андай компенсациялоо болбой жатат. Биз мурда жайкысын сугат суусун тоскоолдуксуз берип, арзан электр энергиясын бергенибиз үчүн Өзбекстан бизге арзан баада жаратылыш газын, Казакстан болсо арзан баада мазут жана мунай берчү. Кийин анын баары токтоп, андай алака үзгүлтүккө учурады. Азыр эми аны кайрадан калыбына келтирүүгө убакыт келди. Ошентип биз өз ара пайдалуу алаканы жолго койсок болот. Бул аймактагы өлкөлөрдүн баары үчүн пайдалуу.

Мунасага келүүнүн учуру

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиеёв Арал деңизинин азыркы абалы аймактагы жалпы чоң экологиялык көйгөйгө айланганын, анын кесепетинен климат өзгөрүп жатканын айтты.

Жыйында кызыкчылыктарга байланышкан ачуу сөздөр да айтылганын белгилеген Мирзиеёв жыйынтыгында тараптар маселени чечиш үчүн биригип, бир пикирге келгенин кошумчалады. Ал өз ара кеңешүү менен сөздөн ишке өтүүгө мезгил жеткенин билдирди:

Шавкат Мирзиёев.
Шавкат Мирзиёев.

- Бүгүн биздин тар жана кеңири чөйрөдөгү жолугушууларда бардык маселени ортого коюп, ачык-айкын сүйлөштүк. Бул жерде каршы жана колдогон тараптар болуп, эки түрдүү позицияда болгон учурларыбыз да болду. Бирок биз эң негизгиси - бир пикирге келдик. Биз сөздөн конкреттүү ишке өтүш керек деген жыйынтык чыгардык. Анан кайсы өлкөдө кандай маселени жөнгө салуу керек экенин өз ара кеңешип алып, чече турган болдук. Биз эми тез-тез жолугуп туруп, анын баарын ишке ашырабыз.

Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев болсо Борбор Азияда суунун жогорку жана төмөнкү жактарында жайгашкан өлкөлөрдүн керектөөлөрү менен муктаждыктарын канааттандырыш үчүн өз ара түшүнүшүү менен иш алып барууну жактай турганын айтты. Андыктан Назарбаев Арал маселесин чечүүдө өз ара келишип иш алып барууну сунуш кылды:

Нурсултан Назарбаев.
Нурсултан Назарбаев.

- Дарыялардын ылдыйкы жагында жайгашкан мамлекеттер бул маселени жөнгө салууга умтулат жана анда жашаган калк сугат сууга көз каранды. Дарыялардын жогорку башында жайгашкан өлкөлөр болсо электр энергиясын иштеп чыгыш үчүн курулуштарды жүргүзүүгө аргасыз. Анткени бул алардын пайда көрө турган бирден-бир каражат булагы. Эгерде биз өз ара түшүнүп жашасак, биздин аймакта баары жетиштүү. Биздин элдердин жакшы жашоосу үчүн биз экономикалык кызматташтыкты жогорку деңгээлге чыгарууга милдеттүүбүз.

Сууну Кыргызстан чогултат, пайдасын кошуналар көрөт

Ошол эле учурда Өзбекстан менен Казакстандын президенттери кыргыз тараптын суу пайдаланууну компенсациялоо боюнча 1998-жылдагы макулдашуунун шарттарын күчүнө киргизүү тууралуу демилгесине расмий түрдө ачык жооп кайтарышкан эмес.

Кыргызстандын айыл жана суу чарба министри Нурбек Мурашев өлкөнүн суу сактагычтарындагы суунун көпчүлүгүн кошуналар пайдалана турганын айтып, аларды тейлөө чыгымдары да төлөнбөй келгенин мисал келтирди:

Нурбек Мурашев.
Нурбек Мурашев.

- Азыр биздеги дарыялардан чыгып, суу сактагычтарда топтолгон суунун 12 пайызын эле пайдаланып келе жатабыз. Суунун калганын кошуналар колдонот. Бүгүнкү күндө кошуна мамлекеттер кайракы жерлерин өздөштүрүп, сугарып жаткандыктан Арал деңизине суу жетпей калды. Анан эми биздеги суу топтоого кеткен чыгымдарды, ремонт иштерине жумшалган чыгымдарды кошуналар компенсациялап берсе, биз анда мөңгүлөрдү сактоо боюнча чара көрүп, алдын алуу иштерин аткарат элек. Анткени илимпоздордун божомолу боюнча 2050-жылдарга карата мөңгүлөр эрип, кескин азайып, дарыялар тайыздап, кургакчылык болушу мүмкүн. Биз анын алдын алууну эмитен ойлонушубуз керек.

Кыргызстан кошуналарынын астына койгон сунуштары иш жүзүндө кабыл алына турган болсо, анда ал Аралды сактоо боюнча эл аралык фонддун ишине катышуусун кайра жандандыра турганы белгилүү болду. Аралды сактоо боюнча эл аралык фонд 1993-жылы Түркмөнстандын, Казакстандын, Өзбекстандын, Тажикстандын жана Кыргызстандын катышуусу менен түзүлгөн.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Миңдеген мугалимдердин иши өзгөрөт

Чоң-Алайдагы мектеп.

Билим берүү жана илим министрлиги 2018-19-жаңы окуу жылында 3 миңге жакын мектеп мугалимдеринин ишин жакшыртууну пландап жатат. Анын алкагында пенсия курагындагы 2 миңдей мугалимдин сааты азайып, миңдей педагогдун өткөн сабактары кайра каралып чыгат.

Министрликтин бул кадамы коомчулукта, анын ичинде ошол эле оптималдаштырууга кабылган мугалимдердин арасында күмөн ойлорду жаратты.

Атын атагысы келбеген, 1996-жылдан бери жогорку класстарда география, тарых сабактарынан берген пенсия курагындагы мугалим быйыл мектепте өтүүчү сабактарынан куржалак калып, томсоруп отурат.

Ал жаңы окуу жылы башталарына аз калганда чыккан мектеп жетекчилигинин бул чечими жеке эле моралдык-психологиялык сокку болбостон, тиричилигине да тескери таасирин тийгизерин айтып капа болду:

- Ишке көнүп алган кишиге жаман экен, психологиялык, моралдык жактан чүнчүп кеттим. Мектепте 18 сааттык торчом бар эле. Дал ушул 18 саатты "аз" деген жүйө менен мени иштен кетирип жатышат. Бул албетте, чөнтөккө да таасирин тийгизди. Студент уулум бар, анын контрактын төлөшүм керек. Өзүм жалгыз бой аялмын, бала-бакыраны ушул айлыкка эптеп карап келдим эле. Эми минтип кол жууп отуруп калдым. Азыр кайра эле ошол мектеп эми бирдеме береби деп үмүттөнүп жатам. Жок дегенде адеп сабагынан саат берип койсо деле жакшы болмок.

Мугалимдердин кесиптик деңгээлин жакшыртуу жөнүндө буйрук 2018-жылдын январь айында Билим берүү жана илим министрлигинде чыккан.

Бирок көз каранды эмес Булан институту төрт айга чукул иликтөө жүргүзүп, май айында дал ушул оптимизациянын айынан өлкөдө миңдеген мугалимдер ишсиз каларын, аларга эч кандай түшүндүрүү иши жүргүзүлбөгөнүн билдирген.

Институттун жетекчиси Чолпон Орозобекова министрлик белгилеген 3 миң мугалимден да көп билим жарчылары ишсиз калып, социалдык чыңалуу келип чыгышы ыктымал, буга өкмөттүн билим берүү жаатындагы туура эмес саясаты түрткү болду деген ойдо:

Чолпон Орозобекова.
Чолпон Орозобекова.

- Биз быйыл жайкысын айылдарды кыдырып чыктык. Мектеп директорлору "кеминде жыйырма мугалимди иштен кетиребиз" деп айтышты. Ошондо жалпы республика боюнча 2200дөн ашуун мектеп иштесе, бир топ эле мугалим бошоп калып жатпайбы. Албетте, алар жумушсуз калат да. "Алардын үй-бүлөсү эмне болот?" дегенге эч ким жооп бере албайт. Мындай кырдаалда социалдык чыңалуу күчөйт. Мында өкмөт менен министрликтин түздөн-түз күнөөсү бар. Эмне үчүн 2013-жылы айлыкты эсептөө механизмин иштеп жатканда ушунун баарын ойлонгон эмес?

Министрликтин жообу

Ал арада министрлик коомчулукта кызуу талкууланып жаткан бул маселени айрым массалык маалымат каражаттары элге туура эмес түшүндүрүп жатканын, мугалимдердин санын азайтпай эле, алардын сапатын көтөрүш үчүн бөлүштүрүлгөн саатын азайтып, ардактуу эс алууга 2 миңдей мугалимди кетирерин билдирди.

Билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова өлкөдө мугалим жетишпей жаткан чакта кыскартуу мекеменин башкы максаты эмес экенин белгиледи:

Надира Жусупбекова.
Надира Жусупбекова.

- Пенсия курагына жетип, чарчап-чаалыккандан кийин анын эс алууга укугу бар да. Ал эми аймактарда көп жылдан бери иш үчүн кезекке турган жаш мугалимдер арбын. Мектептерде пенсионерлер эле иштей берип, такыр орун бошобой, алар ишке кире албай калган учурлар болуп жатат. Азыр эми аларды ишке алып жатабыз. Жаш педагогго дароо насаатчы берип турабыз. Негизи штат кыскартуу деген жок, бул окуу жүктөмүн туура бөлүштүрүү аркылуу билим сапатын жакшыртуу деген гана процесс. Маселен, мугалим аябай көп же аябай аз саат менен иштебеши керек. Билимдин сапатын арттырыш үчүн сөзсүз сааттарды туура бөлүштүрөлү дедик. Жумасына жок дегенде 18-20 саат иштеген педагогдор калууда.

Айлык аябай аз

Жогоруда сөз болгон Булан институту жалпы орто билим берүүчү мекемелерде сабак өткөн ар бир жетинчи мугалим - пенсияга эчак чыккан улгайган адам экенин, пенсия аздыгына байланыштуу алар мектептен кете албай иштеп жатышканын жазган.

Мугалимдердин тартыштыгынан Бишкектеги жеке менчик лицейлер менен коллеждер да жапа чегүүдө. Кыргыз тоо-геологиялык жана байланыш коллежинин директору Венера Кудайбергенова министрликтин буйругу менен иштен четтетилген педагогдорду өз окуу жайына ишке чакырды:

- Математика, англис тили, кыргыз тили жана адабияты, химия, физика мугалимдери керек. Жаштарды азыр үйрөтүш керек да, алар иштебегенде ким иштейт? Эгер ошондой мугалимдер кыскартууга учураса, мага кайрыла беришсин. Мектепте 3-4 миң сомго иштесе, мендеги эң аз айлык 8 миң сом.

Кыргызстанда азыркы тапта 2200дөн ашуун мектеп бар. Аларда сабак берген педагогдордун саны 80 миңге жакын. Адистердин жетишсиздиги алыскы тоолуу айылдарда, шаардагы жаңы конуштардын мектептеринде катуу байкалат. Бул сыяктуу кемтикти жабыш үчүн эс алуудагы миңдеген мугалимдер кошумча саат алып иштеген практика көп жылдан бери эле колдонулуп келет. Быйылкы жылы анын кандай уланары белгисиз.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Аралдын көйгөйү, Бишкектин таарынычы

Арал деңизи

Түркмөнстанда Арал деңизинин көйгөйүн чечүүгө арналган жыйын өттү. Ага Борбор Азиянын беш өлкөсүнүн президенттери катышты.

Түркмөнстандын “Аваза” туристтик жайында 24-августта өткөн саммит Арал деңизин сактоо маселесине арналды. Анда Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков тиешелүү эл аралык фондду реформалоо боюнча демилге көтөрдү.

- 2016-жылы Кыргызстан Аралды сактоо боюнча эл аралык фонддун ишине катышууну токтоткон. Бул аны терең реформалоо зарылдыгына байланыштуу эле. Борбор Азия өлкөлөрүнүн мамлекет башчылары 2009-жылы эле фонддун түзүмүн, келишимдик-укуктук базасын жакшыртуу жөнүндө чечим кабыл алышкан. Бирок, тилекке каршы биз бул маселеде жылышты байкаган жокпуз. Ошол эле учурда Кыргыз Республикасы суу-энергетика чөйрөсү боюнча бардык макулдашуу-келишимдерин аткарууда, - деди Жээнбеков.

Ал Аралды сактоо боюнча эл аралык фонддун ишмердигинде сууну ирригациядан бөлөк максатта, анын ичинде энергия иштеп чыгыш үчүн колдонуу жагы эске алынбай калганын белгилеп, фондду реформалоо боюнча Кыргызстандын жети сунушун ортого салды.

Аралды сактоого арналган саммит. Түркмөнстан.
Аралды сактоого арналган саммит. Түркмөнстан.

Арал кризиси – бул сууну көп талап кылган өсүмдүктөрдүн аянтын ыксыз көбөйтүп, анын натыйжасында сугат үчүн сууну өтө көп пайдалануудан улам келип чыкканын эскертти.

- Фонддун алкагында кыргыз тарап сунуш кылган бир дагы гидроэнергетикалык долбоор колдоого ээ болгон эмес. Ошол эле учурда гидроэнергетика суу ресурстарын коромжуга учуратпасы жалпыга белгилүү. Андан калса, ушул жылдар ичинде Аралды сактоо эл аралык фондунун алкагында Кыргызстандын территориясында бир дагы ирригациялык долбоор ишке ашырылган жок. Бул көп нерседен кабар берет. Ошондой эле Борбор Азия мамлекеттеринин Аралды сактоо эл аралык фондуна мүчөлүк акы төлөө шкаласын да кайра карап чыгуу зарыл, - деп белгиледи президент Сооронбай Жээнбеков.

Ал жогору жакта жайгашкан өлкөлөрдүн кошуналардын муктаждыктары үчүн сугат сууларын топтогону боюнча Аралды сактоо эл аралык фондунун алкагында компенсациялык механизмдер каралбаганын белгиледи.

Буга байланыштуу президент Сооронбай Жээнбеков кыргыз тарап суу жана энергетикалык ресурстарды пайдалануунун компенсациялык механизми каралган 1998-жылдын 17-мартындагы Нарын-Сырдарыя дарыясынын бассейниндеги суу-энергетикалык ресурстарын пайдалануу жөнүндө Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан жана Өзбекстан өкмөттөрүнүн ортосундагы келишимдин алкагында кызматташууну жандандырууну жактай турганын билдирди.

Кыргызстан 2016-жылы Арал деңизин сактап калуу боюнча эл аралык фонддун жана анын органдарынын ишине катышуусун убактылуу токтотконун жарыялаган.

Ал эми Арал деңизин сактоо фондунун директорунун орун басары Марат Нарбаев "Азаттыктын" казак кызматы менен маегинде Кыргызстандын фонддогу ролу тууралуу мындай деген.

- Кыргызстан 25 жыл ичинде Аралды сактоо боюнча эл аралык фондго төрагалык кылган жок. 2016-жылы фонддогу ишмердигин таптакыр токтотуп койгон. Алар муну фонд Кыргызстандын кызыкчылыктарын эске албай жатат деп негиздешкен. Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги активдүү болуп, төрагалыкты колго алып, кызыкчылыктарын алдыга түртсө болмок. Ошол себептүү кыргыз президенти Сооронбай Жээнбеков бул саммитте ардактуу конок катары катышып жатса керек. Кыргызстанда Токтогул жана “Камбар-Ата” суу сактагычы бар, алар Аралды сактоодо маанилүү ролду ойнойт.

Cоолуп бараткан Арал деңизи Казакстан менен Өзбекстандын чек арасында жайгашкан.

Борбор Азия мамлекеттери Аралды сактоо боюнча эл аралык фондду 1993-жылы негиздешкен. Анын максаты Арал деңизинин бассейниндеги социалдык-экономикалык жана экологиялык абалды жакшыртуу болгон. Фондду эл аралык уюмдар каржылайт.

Ал эми Өзбекстандын мамлекет башчысынын басма сөз кызматы тараткан кабарга ылайык, Арал деңизинин кургап калган аймагындагы 700 миң гектар жерге чөлдө өсө турган өсүмдүктөр тигилген.

Ошондой эле өлкө Арал деңизинин айланасындагы аймакты өнүктүрүүгө беш жыл ичинде 2,6 миллиард доллар сарптоону көздөп жатат. Президент Шавкат Мирзиёев кол койгон тиешелүү токтом 2017-жылдын 30-январында күчүнө кирген.

Түркмөнстан бул фондго 2017-2019-жылдар үчүн төрагалык кылууда. Арал боюнча буга чейинки акыркы саммит 2009-жылы Алматыда өткөн.

Суу стресси

Эл аралык The Nature Conservancy уюмундагы адистердин эсептөөсү боюнча дүйнөнүн суу тартыш аймактарында суу керектөөнүн 90% ашууну айыл чарбасынын ирригациясы үчүн сарпталат.

Уюмдун суу боюнча башкы иликтөөчүсү Брайэн Рихтер (Brian Richter) буга чейин “Азаттыкка” мындай деген эле:

- Биздин иликтөөбүз ушул тапта дүйнөнүн дарыялары менен көлдөрүнүн, башка суу булактарынын кеминде үчтөн биринде суунун кору түгөнүүгө жакындаганын ишара кылууда. Суу булактарынын үчтөн бири дүйнө калкынын жарымына жакынынын турмуш-тиричилигин колдойт. Мындан да маанилүүсү - ал дүйнөнүн ирригация пайдаланылган айыл чарбасынын төрттөн үч бөлүгүн жабат. Бул олуттуу тынчсыздануу жараткан маселе. Мындай тынчсыздануу Швейцариянын Давос шаарында өткөн дүйнөлүк экономикалык форумда көтөрүлүп, суу таңсыктыгы кризисинин карааны глобалдык экономика үчүн эң чоң коркунучтардын бири деп айтылган.

Арал деңизи мурда жана кийин.
Арал деңизи мурда жана кийин.

Жалпы глобалдык деңгээлде да айыл чарбасынын ирригациясы үчүн башка керектөөлөрдүн баарын кошкондогудан он эседен көп суу коротулат. Андыктан эл аралык иликтөөлөрдө азыр өзгөчө суу жетишпеген аймактарда сугат суу проблемасын чечүүдө камсыздоонун жаңы булактары менен ыкмаларына эле басым жасай берүү узак мөөнөттөн алганда кырдаалды оңдобойт, тескерисинче, мунун ордуна сууну үнөмдөө механизмин киргизүү керек деген сунуштар айтылууда:

​- Биз бул маселеде фундаменталдык өзгөрүү жасап, керектөөнү башкаруу тарабына көбүрөөк көңүл бурушубуз, суу керектөөчүлөр арасында аны бөлүштүрүүнүн жакшыраак жолдорун үйрөнө баштообуз абзел. Башкача айтканда, биз сууну колдонуу укугун сатууга мүмкүнчүлүктөрдү жаратышыбыз керек. Муну ишке ашыруунун бир жолу - суу базары. Суу базары сууну колдонуу укугу сатылышына жол ачат. Бул системанын реалдуу пайдасы эмне болот? Ал сууну сактоого, сууну коргоого чоң стимул жаратат. Инвестицияга, сууну колдонуунун эффективдүүлүгүн арттырууга жол ачат. Мисалы, эгер сиз суу колдонуучу - фермер болсоңуз, суунун сиз сактап калган бөлүгү башка муктаж керектөөчүгө сатыларын, ал компенсация төлөй турганын күн мурунтан билүү менен сууну үнөмдүү, азыраак колдонуунун жолун табасыз. Мунун экинчи чоң пайдасы - эгер сиз ошол иштеп жаткан ирригациялык системанын ичинде эле сууну көп коромжу кылбасаңыз, экономикалык чыгымды азайтып, инфраструктурага ири инвестицияларды алдын аласыз. Суу үнөмдөлүп, сууну колдонуу укугун сатуу механизми киргизилсе, жаңы суу сактагычтарды, түтүктөрдү, каналдарды такай куруу муктаждыгы жаралбайт, бери дегенде бул инвестиция келечек үчүн калат, - дейт The Nature Conservancy уюмунун суу боюнча башкы иликтөөчүсү Брайэн Рихтер (Brian Richter)

Эксперттердин айтымында, 2012-жылы Борбор Азиянын калкынын саны 50 миллион болсо учурда ал 70 миллионго жеткен.

Дүйнөнүн ресурстары институту деген иликтөө уюму 2040-жылга барып, “суу стрессине” кабылуучу 33 мамлекеттин катарына Борбор Азиянын Тажикстандан башка төрт өлкөсүн: Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, Түркмөнстанды жана ага коңшу Ооганстанды да киргизген.

Жергиликтүү адистер суу башындагы Кыргызстан менен Тажикстандын ресурстары сарамжал башкарылбай жатканын, маал-маалы менен сугат сууну сатуу демилгеси көтөрүлгөнү менен, аймактык деңгээлде аны чогуу пайдалануунун жана бөлүштүрүүнүн узак мөөнөткө эсептелген эффективдүү системасы жоктугун айтып келишет.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Өзбекстан Каримовдун атын өчүрө баштады

Өзбекстан. Ислам Каримовдун портретин кармап турган адам.

Ушул аптанын башында Өзбекстандагы бардык улуттук телерадиокомпаниялардын редакторлоруна Өзбекстанды 27 жыл бою башкарган маркум президент Ислам Каримовдун атын эскерүүгө тыюу салынды. Буга чейин анын сүрөтү түшүрүлгөн сувенирлерди саткандарга тымызын тыюу салынган эле.

Өзбекстандагы улуттук телеканалардын биринде иштеген, атын атагысы келбеген алып баруучу, президенттин мамлекеттик катчысы Хайриддин Султанов телеканалдын жетекчилигине буйрук бергенин уккан. Ал буйрукта айтылганга караганда, Ислам Каримовдун аты бир да берүүдөн айтылбашы керек, жада калса эфирден таптакыр алып салуу зарыл.

- Жетекчилик бизге «Эгер Каримовдун аты эфирден айтыла турган болсо, башыңардан айрыласыңар, бул мамлекеттик кеңешчи Султановдун буйругу» деп айтты, - деди алып баруучу.

​Өзбекстандагы дагы бир телеканалдын башкы редактору "Улуттук телерадиокомпаниянын курамына кирген бардык телеканалдардан Ислам Каримовдун аты аталбашы керек" деген тапшырманы бир ай мурдараак алганын "Азаттыкка" билдирди:

- Мен аптанын башында жыйналышта жалпы жамаатка эскерттим. Негизи "Ислам Каримовду азыраак айткыла, азыркы президент Шавкат Мирзиёевдин ишине басым жасап, көбүрөөк баса белгилейсиңер" деп жыл башынан эле бизге айтып келишкен. Мына эми редакторлор Ислам Каримовдун атын лупа менен издеп, кайсы жерде анын аты болсо баарын өчүрүп атышат. Азыр эфирден Ислам Каримовдун атын атоо диний экстремист Тахир Юлдаштын ("Өзбекстан ислам кыймылы" террордук уюмунун маркум башчысы) атын атоодон да коркунучтуу болуп калды.

Ташкенттеги Ислам Каримовдун эстелиги.
Ташкенттеги Ислам Каримовдун эстелиги.

Ал эми Өзбекстандагы Илимдер академиясынын кол жазмалар институтунун жетекчиси жыйындар залында Ислам Каримовдун сүрөтү илинип турганы үчүн сөгүш алган. Институттун илимий изилдөөчүсү билдиргендей, академиянын кезектеги жыйынында жетекчилик Каримовдун бардык сүрөттөрүн жана анын сөздөрү жазылган ураандарды жок кылууну тапшырган.

- Дубалдардагы Ислам Каримовтун аты эскерилген бардык жазуулар өчүрүлдү жана анын онго жакын сүрөтүн кол жазмалар институтунан алып кетишти, - деди илимпоз.

Ушул жылдын 17-июнунда Бухара мамлекеттик университетинин студенти Ислам Каримовдун бардык болгон китептерин өзү окуган окуу жайынан оор жүк ташуучу автоунааларга жүктөп кетишкенин "Азаттыкка" билдирген. Анын айтымында, Өзбекстандын биринчи президентинин китептери макулатурага жөнөтүлгөн.

20-августа Самарканд жана Кашкадарыя облустарында Ислам Каримовдун эстелигинин жана Самарканддагы Имам Аль-Бухари мавзолейинин астында Ислам Каримовдун сүрөтү тартылган сувенирлерди саткандарга каршы жергиликтүү бийлик рейд жүргүзгөнүн "Азаттык" радиосунун Өзбекстандагы өздүк булактары билдирген. Сатууларга айыппул салынып, товарлары тартып алынган.

Мындай рейд Самаркандда ушул жылдын май айында да өткөн эле. Мурунку Ташкент, азыркы Ислам Каримов атындагы көчөдөн маркум президенттин сүрөтү бар календарларды жана башка сувенирлерди саткан сатуучулар кармалган.

Бирок Каримовдун сүрөтүн Өзбекстандын чет жактагы дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнөн көрүүгө болот. Маселен, Өзбекстандын Берлиндеги элчилигинин имаратынын астында ошондой сүрөт турат.

- Бизге азырынча "Ислам Каримовдун сүрөтүн алгыла" деп эч кандай тапшырма бериле элек. Анын сүрөтү дагы эле ардактуу жерде илинип турат. Элчиликтин кире беришинде мурункудай эле мрамордо Өзбекстандын биринчи президентинин аты жазылып турат, - дейт Өзбекстандын Германиядагы элчилигинин кызматкери Азим Азатов.

Былтыр январда Өзбекстандын президенти Шавхат Мирзиёев Каримовдун элесин түбөлүккө сактоо тууралуу жарлыкка кол койгон. Ал эми 2017-жылдын 31-августунда Өзбекстандын эгемендик майрамында сүйлөгөн сөзүндө Мирзиеев «Ислам Каримовдун элесине арналган иш-чаралар уланат» деп айткан.

Ошол эле жылдын сентябрь айында Самаркандда Каримовдун эстелигинин салтанаттуу ачылышы болгон. Быйыл январь айында болсо Каримовдун 80 жылдыгы белгиленип, Ислам Каримовдун экинчи эстелигинин ачылышы болгон.

Ташкенттеги Ислам Каримовдун эстелиги.
Ташкенттеги Ислам Каримовдун эстелиги.

Ислам Каримов өмүрүнүн акыркы жылдарында иштеген Ташкент шаарындагы Оскар резиденциясына коюлган дагы бир эстелигинин ачылышында Шавхат Мирзиёев «Өзбекстандын биринчи президентинин мекенибиз үчүн жетишкен улуу тарыхый ийгиликтери биздин элдин жүрөгүндө түбөлүккө сакталат» деп айткан эле.

Каримовдун ысымы “кара тизмеге” түштү
please wait

No media source currently available

0:00 0:14:10 0:00

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.​

Тажик журналисти боштондукка чыкты

Хайрулло Мирсаидов.

Абактан чыккан тажикстандык белгилүү журналист Хайрулло Мирсаидов өзүн толук акташ үчүн жогорку инстанцияга доо арыз менен кайрыларын билдирди. 22-августта Согди облусунун соту коррупцияга байланыштуу айыпталган журналистти 12 жылдык түрмөгө кескен өкүмдү жокко чыгарып, анын ордуна журналистти коомдук ишке тартууну жана ага 8,5 миң доллар өлчөмүндөгү айыппул салууну чечкен. Натыйжада Мирсаидов сот залынан бошотулган.

Сот Хайрулло Мирсаидовду эркиндикке чыгарганы менен актаган жок. Андыктан 22-августта Хожент шаарындагы тергөө абагынан бошонуп чыккан тажик журналисти өзүнө коюлган айыптарды толук алып салууну талап кыла берерин “Азаттык” менен болгон маегинде билдирди:

- Биз эми мага коюлган бардык айыптарды алып салууну өтүнүп Жогорку сотко кайрылабыз. Чындык биз тарапта. Андыктан аягына чейин күрөшөбүз.

Хайрулло Мирсаидов тергөөнүн жүрүшүндө жана ал түрмөдө отурган учурда өзгөчө бир басымга дуушар болбогонун айтты. Анын журналист экени эске алынып, бардыгы мыйзам чегинде болгон. Тергөө тартиби эрежеге ылайык өткөн. Ошондой эле Мирсаидов анын эркиндикке чыгышы үчүн салым кошкон жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүнө жана Батыш өлкөлөрүнүн укук коргоо уюмдарына ыраазычылык билдирди. Ошол эле убакта ал курч макала жазарын улантарын айтты.

Бахтиер Насруллоев.
Бахтиер Насруллоев.

Мирсаидовдун адвокаты Бахтиер Насруллоев Тажикстандын Согди облустук сотунун коллегиясы Мирсаидовго чыгарылган шаардык соттун өкүмүн 80 миң сомани айыппул төлөө жана коомдук иштерге тартуу жөнүндө чечим менен алмаштырганын айтты. Бирок адвокат, сот Мирсаидовдун темир тор артында тогуз ай отурганын эске алып ага айыппул гана төлөтүш керек болчу деп эсептейт.

Буга карабастан Хайрулло Мирсаидовдун эркиндикке чыгышын жергиликтүү жана эл аралык маалымат каражаттары кубануу менен кабыл алышты. Социалдык түйүндөрдө журналистти куттуктаган ондогон билдирүүлөр келип жатты.

Ал эми Тажикстандагы өз алдынча маалымат каражаттарынын ассоциациясынын төрөгасы Нуриддин Каршибоев Мирсаидовдун эркиндикке чыгышын тажик журналистикасынын жеңиши катары баалады:

Нуриддин Каршибоев.
Нуриддин Каршибоев.

- Мирсаидовдун эркиндикке чыгышына жалаң эле эл аралык укук коргоочулардын жардамы тийген жок, ошол эле учурда жергиликтүү өз алдынча маалымат каражаттары да көмөк көрсөттү. Мындан тышкары Хайрулло Мирсаидовдун иши тажик сотунда калыстык бар экенин көрсөттү.

Хайрулло Мирсаидов былтыр 5-декабрда кармалган. Ага каршы Тажикстандын Кылмыш-жаза кодексинин “Каражатты менчиктеп алуу же ашыкча пайдалануу”, “Улуттук, расалык өч алуу же диний араздашуу”, “Жалган документтерди жасоо, мамлекеттик сыйлыктарды, мөөр-штамптарды даярдоо” жана “Жалган маалымат таратуу” деген беренелери мнен айып тагылган.

Хожент шаардык соту Мирсаидовду "мамлекеттик каражатты кымырып алганы, максатсыз пайдаланганы жана жалаа жапкандыгы" үчүн күнөөлүү деп таап, быйыл 11-июлда 12 жылга түрмөгө кескен.

Ага чейин бул кылмыш ишти иликтеген Согди облустук прокуратурасы айыптоо корутундусунан улуттук жек көрүүнү козутуу деген беренени далил жетишсиздигине байланыштуу алып салган.

Хайрулло Мирсаидовдун жакындары Согди облустук сотунун имаратынын алдында.
Хайрулло Мирсаидовдун жакындары Согди облустук сотунун имаратынын алдында.

Кийинки күндөрү социалдык түйүндөрдө абактагы журналистти бошотууга үндөгөн кеңири өнөктүк жүрүп жаткан.

Мирсаидов былтыр декабрда кармалган. Ал күнөөсү жоктугун, бул иш өкмөттөгү паракорлуктун бетин ачкан репортаждары үчүн өч алуу экенин айтып келген.

Мирсаидов – эркин журналист. Мурда "Asia-Plus" агенттиги жана “Немис толкуну” радиосунун кабарчысы болчу. Ошондой эле Тажикстандын КВН командасын жетектечү.

"Amnesty International" эл аралык укук коргоо уюму журналистти "абийир туткуну" деп атаган.

Соттун алгачкы чечиминен кийин Британиянын, Германиянын, Франциянын, АКШнын жана Евробиримдиктин Дүйшөмбүдөгү элчиликтери биргелешип жасаган билдирүүдө Хайрулло Мирсаидовго чыгарылган өкүм "Тажикстандын кызыкчылыгына жана өнүгүү пландарына эл аралык коомчулуктун колдоосун камсыз кылуу максатына жооп бербейт" деп белгилешкен.

Тажик журналисти Мирсаидовго абактан бошотулганы менен Тажикстанда саясий көз караштары үчүн куугунтукка кабылып, түрмөгө түшкөн жарандар дагы эле бар экенин "Хьюман Райтс Уотч" сыяктуу эл аралык укук коргоо уюмдары белгилеп келишет.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.​

Манафорт менен Бакиевдин байланыштары

Пол Манафорт.

АКШнын президенти Дональд Трамптын шайлоо штабынын мурдагы башчысы Пол Манафорттун Кыргызстандагы изи тууралуу маалымат талкууга түштү. Буга чейин "Проект" басылмасы Манафорт 2005-жылдан соң Бишкекке келип, мурдагы президент Курманбек Бакиевге АКШнын авиабазасын чыгаруу боюнча кеңеш бергенин жазып чыккан. Ошол кезде Бакиевге жакын адамдар жана бийликте тургандар мындай маалымат тууралуу кабары болбогонун айтышууда.

Америкада финансылык кылмыштар боюнча айыпталып жаткан, он жылдан ашык Украинада иштеген политтехнолог Пол Манафорттун Кыргызстандагы изи тууралуу "Проект" басылмасы жазып чыккан. Анда Манафорт Орусиядагы кесиптеши Константин Килимник менен 2005-жылдан кийин Кыргызстанга келип, АКШнын аба базасын чыгаруу боюнча ал кездеги кыргыз бийлигине кеңеш бергени айтылган.

Басылманын маалыматында, политтехнологдордун Кыргызстанга сапарын орусиялык олиграх Олег Дерипаска каржылаган. "Проект" Манафорт менен анын кесиптеши Константин Килимниктин Бишкекке келгенин ырастачу бир нече булак бар экенин жазган. Бирок ошол кезде бийликте турган бир катар кыргыз чиновниктери жана мурдагы президент Курманбек Бакиевдин айланасында жүргөн жетекчилер Манафорттун Кыргызстанга сапары тууралуу кабары болбогонун айтышууда.

Феликс Кулов.
Феликс Кулов.

2005-жылдагы март ыңкылабынан соң Курманбек Бакиев менен тандем түзүп, премьер-министр болгон "Ар-намыс" партиясынын лидери Феликс Кулов АКШнын аба базасын чыгарууга кеңешчи катары келген политтехнологдор тууралуу укпаганын "Азаттыкка" билдирди:

- Мен бул боюнча эч нерсе билбейм. Себеби политтехнологдордун ишине киришкен эмесмин. Ал эми Бакиевдер өз алдынча политтехнологдордун командасын түзгөн. Бирок ал командага кимдер киргени боюнча бизге айтышчу эмес.

Дал ушундай эле жоопту ошол кезде Бакиевдин айланасында жүргөн бир нече адам берди.

2007-жылга чейин президенттик администрациянын жетекчи орун басары болгон Токон Мамытов, мурдагы тышкы иштер министри Аликбек Жекшенкулов, ошол кездеги мамлекеттик катчы Адахан Мадумаров, мурдагы президенттин жакын адамдарынын бири саналган экс-баш прокурор Элмурза Сатыбалдиев АКШнын аскер базасын чыгаруу үчүн сырттан кеңешчилер келгени тууралуу укпаганын айтышты. Бирок булардын көпчүлүгү мурдагы президент 2005 жана 2009-жылдардагы шайлоодо четтен келген политтехнологдордун кызматынан пайдаланганын четке каккан жок.

2005-жылы Курманбек Бакиевдин Бишкектеги шайлоо штабын башкарган, кийин тышкы иштер министри болгон Эднан Карабаев политтехнологдор келгенин мындайча эстеди:

- Политтехнологдор бардык шайлоолорго катышат да. Маселе алардын КМШдан же чет өлкөдөн келгенинде эле болот. Мисалы, мен Бишкектеги шайлоо штабды башкаргам. Бизде политтехнологдор болгон эмес. Бирок республикалык штабда кеңешчилер болсо керек эле. Азыр кимдер болгону эсимде жок.

Муну ошол жылдары Курманбек Бакиевдин маалымат катчысы болгон Нурлан Шакиев да бышыктады:

- 2005, 2009 жана 2011-жылкы шайлоодо чет өлкөлүк технологдор болгон. Мен айрымдарын өз көзүм менен көргөм. Мындай практика бар. Көп эле өлкөлөрдө "башы шишиген" консультанттарды чакырып, кеңешин угушат. ​Алар көп акча сурашат. Мисалы, мен аларга каршы чыгып келгем.

Буга байланыштуу "Проект" басылмасы жазгандай Манафорт менен Килимник АКШнын аскер базасын чыгаруу үчүн эмес, шайлоо алдында келиши мүмкүн экени айтылууда.

Эдил Байсалов.
Эдил Байсалов.

Коомдук ишмер Эдил Байсалов Пол Манафорттун Кыргызстанга катышы тууралуу акыркы маалыматтарды өз алдынча талдап чыккан. Ал эл аралык политтехнологдордун Кыргызстанга сапарын Олег Дерипаска каржылаган деген маалыматка ынанат. Байсаловдун божомолунда, буга чейин Орусияда жүргөн Дерипаска Кыргызстанга политтехнологдорду жөнөтүү менен өз бизнесинин кызыкчылыгын көздөгөн болушу мүмкүн:

- Манафорт менен Килимник Дерипаскага иштеп, 2005-жылы Кыргызстанда Бакиевдердин шайлоо кампаниясына катышкан дегенге таң калбайм. Себеби Дерипаска ошол жылдары Кыргызстанга каттап калган. Анын биздин өлкөдө бизнес кызыкчылыктары бар болчу.

Чынында эле ошол жылдары орусиялык олигарх Олег Дерипаска Кыргызстанда бир нече долбоорду ишке ашырууга кызыгып жүргөн. Алардын катарында 2003-жылдан тарта Камбар-Ата ГЭСин куруу, кийин Сандык кенин иштетүү үчүн завод куруу пландары болгон. Муну ошол кездеги мезгилдүү басма сөздөгү макалалардан көрүүгө болот.

Ошол эле кезде Пол Манафортту Кыргызстан менен байланыштырган дагы бир жагдай - анын Украинада ошол кездеги президент Виктор Януковичке кеңешчи катары тапкан каражатын Бишкекте жайгашкан "Азия универсал банк" аркылуу адалдаганы.

Былтыр март айында украин депутаты Сергей Лещенко Пол Манафорт 2009-жылы айрым төлөмдөрдүн изин жашыруу үчүн Белиздеги офшордук компанияны жана Кыргызстандагы банк эсебин колдонгонун айтып чыккан. Ал кезде "Азия универсал банкка" Курманбек Бакиевдин уулу Максим жана анын өнөктөштөрү ээлик кылып турган.

Эдил Байсалов америкалык политтехнолог дал ушул Максимдин чет өлкөлүк өнөктөштөрү аркылуу да мурдагы кыргыз бийлиги менен байланышта болушу мүмкүн деп божомолдойт:

- Ал учурда банк аркылуу акча ташып жатса, чоң консультанттарды тартышы мүмкүн. Ошол эле Михаил Надаль жана башкалары Манафортторду алып келип шайлоого жардам бериши толук ыктымал. Алар үчүн Украинанын президенти Януковичтин кампаниясын жүргүзгөн адамды алып келүү кыргыз бийлиги үчүн маанилүү болгон.

Убагында Украинада, Филиппинде жана Африканын бир катар өлкөлөрүндө иштеген политтехнолог Пол Манафорт АКШда шайлоо өнөктүгү жүрүп жатканда Дональд Трамптын штабына кошулуп, ошол жылдын июнь айында штабды жетектеп калган. Бирок Украинанын Аймактар партиясы ага 12,7 миллион доллар төлөгөнү жана ал салыктан качканы тууралуу кабарлар ачыкка чыккандан кийин штаб башчылыгынан кеткен. Мындан соң Манафорттун иши тергеле баштап, "Банктык алдамчылык", "Салык төлөөдөн качуу", "Чет өлкөлөрдөгү банк эсептерин жашыруу" өңдүү сегиз берене боюнча күнөөлүү деп тапты. Политтехнолог өзү бардык айыптарды четке кагып, эч кандай күнөөсү жок экенин айтып келет.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.​

Каримовдун ысымы “кара тизмеге” түштү

Каримовдун ысымы “кара тизмеге” түштү
please wait

No media source currently available

0:00 0:14:10 0:00

Тажикстан газ кууру үчүн Кытайга жер берди

Иллюстрациялык сүрөт.

Тажикстан өз аймагы аркылуу Кытайга газ ташыган куур тартыш үчүн 9,5 миң гектар жерин 49 жылга ижарага берди. Бул жер тилкесине Түркмөнстан-Кытай эл аралык газ кууру салынат. Долбоор келечекте Тажикстандын экономикасына жыл сайын миллиондогон доллар пайда алып келет.

Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон Кытайга 9 миң 407 гектар аянтын 49 жылга пайдаланууга берүү тууралуу токтомго кол койду.

Биргелешкен "Trans-Tajik Gas Pipeline Limited" компаниясынын маалыматына караганда, тажик өкмөтүнүн бул токтомуна ылайык газ өткөрүүчү түтүктөр коңшу өлкөнүн Рогун, Рудаки, Ляхш, Нурабад, Файзабад жана Рашт райондорун аралап өтөт.

Түркмөнстандан Кытайга көгүлтүр отун ташыган куурдун узундугу миң чакырымдай болот. Анын 400 чакырымы Тажикстандын аймагына туура келет.

Газ өткөрүүчү бул ири эл аралык долбоордон улам Тажикстандагы айдоо аянттары тарыгандыктан, "Trans-Tajik Gas Pipeline Limited" ишканасы тажик өкмөтүнө 415 миң сомони кенемте төлөп бериши керек.

Түрмөнстандан Кытайга экспорттолчу газ тажик жергесинде 47 туннел аркылуу ташылмакчы. Түркмөнстандын жаратылыш газын Кытайга өткөрчү бул түтүк Өзбекстан, Тажикстан жана Кыргызстан аркылуу өтүшү керек.

Тажикстан менен Кытайдын өлкө башчылары 2014-жылы бул долбоордун ачылышына катышкан. Бирок андан бери Тажикстандын аймагында эч кандай иштер баштала элек болчу.

Адистер бул көрүнүшкө бир нече себептерди жүйө келтиришкен. Алар дүйнөлүк рынокто көгүлтүр отун арзандап, Кытай менен Түркмөнстан газдын баасын конкреттүү түрдө чечише элек экенин айтышкан.

Шамсиддин Жалолов.
Шамсиддин Жалолов.

Ошол эле учурда Дүйшөмбү шаарындагы Экономика институтунун эксперти Шамсиддин Жалоловдун айтымында, Орусия "Тажикстанда адис жетишпейт" деген негизде долбоорго өзү катышууну көздөгөн.

"Орусия куурду Кытайдын акчасына салгысы келген. Бирок Тажикстан ага каршы чыгып, Кытайды тажик жарандарын адистикке даярдоого көндүргөн", - дейт Жалолов.

Дүйшөмбүлүк экономист экинчи себеп катары Кытай долбоорго зарыл болгон каражатты убагында берген эмес деп эсептейт. Анын айтымында, үчүнчү бир себеп - Кытай "куурдун коопсуздугуна көз салып туруш үчүн курулуш ишине жергиликтүү эл да тартылышы керек" деген талап койгон. Бирок кесипкөй адистерди даярдоо да убакытты талап кылган.

"Trans-Tajik Gas Pipeline Limited" биргелешкен тажик-кытай компаниясы акционердик коом болуп түзүлгөн. Анын 50% Тажикстанга тиешелүү. Бул компанияга ээлик кылыш үчүн Тажикстан Гонконгдон узак мөөнөткө 2,7 жылдык үстөк пайызы менен 300 млн. доллар насыя алган.

Абдугани Мамадазимов.
Абдугани Мамадазимов.

​Дүйшөмбүдөгү «Жибек жолу» уюмунун жетекчиси Абдугани Мамазадимов бул долбоор ишке ашса, Тажикстандын экономикасына 3 млрд. доллардай киреше алып келет деп болжолдойт. Анын айтымында, Тажикстандын жылдык мамлекеттик бюджети орточо 3 млрд. доллардан азыраак. Башкача айтканда, Кытай бул ири долбоорго ири суммадагы каражатты инвестиция кылат, ал мамлекеттин дээрлик жылдык бюджетине барабар. Ошол эле убакта жумушчу күч Тажикстандын жарандары болушу зарыл.

Анткен менен, Тажикстандагы Стратегиялык изилдөө борборунун эксперти Махди Собир Тажикстан Кытай менен сүйлөшүү жүргүзүп жатканда газ өткөрүүчү жолдун курулушунда заманбап ыкмаларды колдонуу жөнүндө талаптарды коргой алган эмес деп эсептейт.

Эксперт расмий Ташкент газ куурунун 70 пайызын жер астынан өткөрүүгө Кытайды көндүргөнүн мисал келтирди. Муну менен Өзбекстан айыл чарбасына керектүү жерин да, экосистемасын да сактап калат деген ойдо.

Махди Собир.
Махди Собир.

- Тажикстандын газ өтчү аймактары бийик тоолуу болгондуктан, мындай талаптарды коюш кыйын. Куурдун айрым жерлери туннел аркылуу өтөт. Бирок ага карабастан Тажикстандын бул аймактык энергетикалык долбоорго катышып калганы өлкө үчүн чоң сыймык, - дейт Махди Собир.

Тажик бийлиги менен "Trans-Tajik Gas Pipeline Limited" компаниясы газ кууру качан курулуп бүтөөрүн так айта элек. Бирок долбоорду даярдоого катышкан Шамсиддин Жалолов Түрмөнстандан чыккан жаратылыш газы Кытайга ушул багыт аркылуу 2021-жылы жетип каларын билдирди. Азырынча тажик тарап бул долбоор үчүн ташылып келчү техника менен жабдууну бажы төлөмдөрүнөн бошотту.

Кытай түркмөн газын ташуучу куурдун төртүнчү бутагын Түркмөнстан, Өзбекстан, Тажикстан жана Кыргызстан аркылуу алып өтүүнү көздөгөн. Долбоордо бул газ кууру Тажикстандан Кыргызстанга кирип, Чоң-Алай районунун Карамык айылынан Алайдын Кытай менен чектешкен Эркечтам аймагына чейинки жалпы узундугу 224 чакырымды ичине камтыйт.

“Кыргызстан-Кытай” газ куурун куруу жана ишке киргизүү боюнча макулдашууга 2013-жылдын 11-сентябрында Кыргызстандын өкмөтү менен Кытай өкмөтүнүн ортосунда кол коюлган.

Келишимдин шарттары менен таанышкан мурдагы вице-премьер-министр Базарбай Мамбетов анда Чоң-Алай жана Алай райондору аркылуу өтө турган газ транзити үчүн акынын өлчөмү так аныкталып, көрсөтүлбөгөнүн буга чейин "Азаттык" радиосуна айткан эле. Ал кыргыз тарап Кытай менен газ транзити боюнча коңшуларга караганда, бир топ ыңгайсыз келишим түзгөнүн мисал келтирген:

Базарбай Мамбетов.
Базарбай Мамбетов.

- Казакстан менен Өзбекстан Кытай түркмөн газын сатып алып өтүшү үчүн өздөрү газ куурларын куруп, пайдалана турган компанияларды түзүшкөн. Алар өз аймагы аркылуу өткөн газ түтүктөрүн салып, газ транзитин камсыз кылып, анын акысын алат. Казакстандын "Казтрансгаз" компаниясы 1000 чакырымдай газ куурунан алынып өткөн газ транзити жылына 1 миллиард доллардан ашуун акчага бааланыптыр. Биз да өзүбүздүн компанияны түзүп, газ куурун салсак, анда ошол 224 чакырым үчүн Кытай бизге 300 миллион долларга жакын акча төлөп бермек. Бирок биз менен түзүлгөн келишимде Кыргызстан үчүн пайдалуу боло турган ошондой шарттар каралбай калган. Биздин бийлик Карамыктан Эркечтамга чейинки жерди пайдалануу укугун берип, ошону менен чектелген.

Кыргыз-кытай газ куурунун курулуш долбоорунун суммасы - 1,2 млрд. доллар. Бул долбоор ишке кирген соң Кыргызстанга жыл сайын 70 миллион доллар акчалай киреше түшүп, аны курууда жумушчулардын 80 пайызы жергиликтүү тургундардан тартылары айтылган.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.​

"Түркмөнстан менен алаканы чыңдоо зарыл"

Аликбек Жекшенкулов.

Президент Сооронбай Жээнбеков 23-24-августта мамлекеттик сапар менен Түркмөнстанда болот. Кыргыз-түркмөн мамилелеринин азыркысы жана келечеги тууралуу "Азаттык" радиосунун суроолоруна Кыргызстандын мурдагы тышкы иштер министри Аликбек Жекшенкулов жооп берди.

"Азаттык": Президент Жээнбековдун Түркмөнстандагы сапарында кол коюла турган негизги документ Стратегиялык өнөктөштүк тууралуу декларация болору айтылды. Айтсаңыз, деги эле эки өлкө ортосундагы кызматташтыктын келечеги канчалык жана негизги багыттар кайсылар?

Жекшенкулов: Келечек тууралуу айтарда эки өлкө ортосундагы тарыхка да кайрыла кетиш керек.

Көп жылдардан бери Түркмөнстан ички жана тышкы саясаты жагынан Сапармурад Ниязовдун тушунда өтө бейтарап деген макамда болуп келген. Көп мамлекеттер менен жакшы катышпай, өзү менен өзү болуп келе жаткан.

Ал эми акыркы жылдардагы саясатын карасаңар, 2014-2015-жылдары эки өлкөнүн президенттери бири-бири менен катышып, мамилелерди оңдоого аракет кыла баштады. Бул дагы бир чоң кадам болгон.

Президентибиз Сооронбай Шарипович да эми мамлекеттик сапар менен барып, эки тараптуу мамилени бир калыпка түшүрүүгө аракет кылганы жатат.

Экономикалык кызматташуу, албетте, эң негизги мааниге ээ. Анткени ошол эле Түркмөнстандын газы биз аркылуу Кытайга кеткени турат.

Сооронбай Жээнбековду түркмөн тышкы иштер министри Рашид Мередов тосуп алды.
Сооронбай Жээнбековду түркмөн тышкы иштер министри Рашид Мередов тосуп алды.

Бизге Европадан, Кавказдан же Ирандан келе жаткан жүк кээде Түркмөнстан аркылуу өтөт. Ошондуктан эгер ортодо жакшы алака болбосо бул жагынан залакасы тийип калышы ыктымал. Түркмөнстан транзиттик мамлекет катары бизге чоң жардам бере алышы мүмкүн.

Коопсуздук маселеси да абдан орчундуу. Себеби бул өлкө Ооганстан менен чектеш жайгашкан. Маалымат алмашуу, күч органдарынын кызматташтыгы да биз үчүн маанилүү. Мындан тышкары, билесиздер, бизге келип билим алып жаткан түркмөн жаштары көп.

Кыргыз-түркмөн соода-сатыгы акыркы жылдары өнүгө баштады.

Бул эки тараптуу мамилелер. Ошол эле учурда көп тараптуу, Борбор Азиянын, беш мамлекеттин кызматташтык маселеси да азыркы учурдун күн тартибине чыгып жатпайбы.

Казакстан, Өзбекстан, Кыргызстан, Тажикстан ынтызар болуп, бири бирин колдоп, мамилени бекемдөө ниетин билдирип жатышат. Алака бир нукка түшүүдө. Бул жерде эки лидердин өз ара түшүнүшүүсү, колдоо көрсөтүп турушу да маанилүү.

"Азаттык": Кыргыз-түркмөн саясий сүйлөшүүлөрү туура үч жыл мурда да өткөн. Анда да бир топ келишимдер түзүлгөн, бизнес-форум өтүп, жакшы ойлор айтылган. Бирок ошол бойдон иш жылган жок. Азыр да көп пландар айтылып жатат. Жыйынтыгы ошондой болуп калбашы кайсы жагдайлардан көз каранды?

Жекшенкулов: Бизде шайлоо өттү. Түркмөнстан биринчи кезекте Кыргызстанга кандай президент келгенин байкап, "анын саясаты, тышкы экономикалык ишмердүүлүгү кандай болот" деп баамдап турду. Ошондон кийин чакырды. Бул мыйзам ченемдүү көрүнүш.

Бийлик алмашканда бардык эле мамлекеттер саясат кайсы нукка буруларын карап турат.

Ал эми мурдагы пландар ишке ашпай калганына, албетте, майда-чүйдө себептер болгон. Анын баарын айтуунун кажети жок. Азыр эки тарап тең келишимдерди аткарууга аракет кылышы керек.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.​

Арал балыкчыларынын үмүтү

Арал балыкчыларынын үмүтү
please wait

No media source currently available

0:00 0:30:06 0:00

Анкара-Вашингтон: чыңалуу басаңдай элек

АКШ менен Түркиянын туулары.

Түрк полициясы АКШнын Анкарадагы элчилигине ок аткандарды издеп жатат. Бул окуя эки өлкөнүн алакасы кескин солгундап, президент Эрдогандын өкмөтү АКШны "Түркияга экономикалык чабуул койду" деп айыптап жаткан кезде болду.

Вашингтон менен Анкаранын алакасы ансыз да чыңалып турганда дагы бир окуя болду. Дүйшөмбү күнү таңкы саат 5:30 чамасында Америка элчилигин көздөй баш-аягы алты ок атылды.

Алардын айрымдары кароолчулар отурган күркөгө, элчиликтин имаратынын айнектерине тийген. Америка элчилиги бул окуядан эч ким жабыркабаганын кабарлады. Курман айтка байланыштуу Кошмо Штаттардын Түркиядагы негизги дипломатиялык өкүлчүлүгү бул аптада жабык болчу.

"Чагымчыл кол салуубу?"

Түрк маалымат каражаттары жазгандай, дипломатиялык имаратты жакынкы жолдон өтүп бараткан автоунаадагылар аткан. Азырынча күнөөлүүлөр табыла элек. Ким, эмне себептен бул кадамга барганы боюнча да расмий жоромол жок. Бирок түрк бийлиги бул окуяны бир ооздон "чагымчыл кол салуу" деп мүнөздөп жатат.

АКШнын Анкарадагы элчилигинин кире бериши.
АКШнын Анкарадагы элчилигинин кире бериши.

- Албетте, бул чагым экени айдан ачык. Мындай чагымчыл аракет боюнча дыкат иликтөө жүрүп жатат. Эч ким күмөн санабасын, Түркияда ишин аткарып жаткан чет өлкөлүк миссиялар менен элчиликтердин коопсуздугун биздин өлкө камсыз кылат. Дипломатиялык кызматтагылар - биздин коноктор. Коопсуздукту камсыз кылыш үчүн бардык аракет көрүлөт, - деп билдирди бийликтеги Адилет жана өнүгүү партиясынын басма сөз катчысы Өмер Челик.

Түрк президентинин администрациясынын басма сөз катчысы Ибраим Калын элчиликке кол салууну айыптай турганын айтып, окуяны "башаламандык жаратуу аракети" деп сыпаттады.

Эрдоган сырткы күчтөрдү күнөөлөйт

Бул окуя Түркияда үй камагында отурган америкалык пастор Эндрю Брансондун маселесинен улам Анкара менен Вашингтондун алакасы кескин солгундап, эки өлкө бири-бирине экономикалык чара көрүп жаткан учурга туш келди.

Анкара пастор Брансонду бошотуудан баш тарткандан кийин АКШ август айынын башында Түркиянын юстиция жана ички иштер министрлерине санкция салган. Андан көп өтпөй Түркиядан АКШга ташылган алюминийге бажы төлөмүн 20%, болоттукун 50 пайызга чейин көбөйтүүнү чечкен.

Өткөн аптада Анкара буга жооп катары Америкада чыгарылган айфон сыяктуу электрондук жабдыктардан баш тартарын билдирип, АКШдан Түркияга ташылган автоунаа, тамеки, алкоголдук ичимдиктер ж.б. товарларга бажы төлөмүн көбөйткөн. Дүйшөмбү күнү расмий Анкара АКШнын алюминий менен болотко кошумча салык киргизүү чечими боюнча Дүйнөлүк соода уюмуна арызданганы белгилүү болду.

Американын экономикалык чараларынан кийин түрк лирасынын куну кескин төмөндөп, жыл башына салыштырмалуу 40 пайызга чейин арзандап кеткен. Өлкөдө инфляция көтөрүлүп, түрк өкмөтүнүн доллар менен алган тышкы карызын төлөөгө жумшалчу чыгым да көбөйдү.

АКШ лидери Дональд Трамп жана түрк президенти Режеп Тайып Эрдоган НАТОнун Брюсселдеги саммитинде. 11-июль 2018-жыл.
АКШ лидери Дональд Трамп жана түрк президенти Режеп Тайып Эрдоган НАТОнун Брюсселдеги саммитинде. 11-июль 2018-жыл.

Түрк президенти Режеп Тайып Эрдоган Курман айттын алдындагы кайрылуусунда өз өлкөсүндөгү экономикалык кыйынчылыктар үчүн кайрадан сырткы күчтөрдү күнөөлөдү.

- Биздин экономикага багытталган чабуул менен биздин байрагыбызга жана чакырган азаныбызга каршы чабуулдун ортосунда эч айырма жок. Максат бир. Ал максат - Түркия менен түрк элин тизелетип, аларды барымтага алуу.

АКШ пасторду бошотууну талап кылууда

Бирок буга чейин АКШнын Мамлекеттик департаменттин өкүлдөрү түрк экономикасындагы олку-солку абал үчүн АКШнын чараларын күнөөлөгөнгө болбой турганын билдирип, кырдаалга түрк экономикасынын ички маселелери себеп болушу мүмкүн экенин кыйытышкан.

Түркияда 20 жылдан ашуун жашаган христиан пастору Эндрю Брансон 2016-жылдын октябрында Измир шаарында камакка алынып, ага "Терроризм" жана "Тыңчылык” беренелери менен айып коюлган. Ал июль айында үй камагына чыгарылган эле.

Түрк бийлиги аны "Америкада бозгунда жүргөн түрк диниятчысы Фетхуллах Гүлендин тарапкерлерине жардам берген жана күрт жикчилдерин коргогон" деп айыптап жатат.

Вашингтон эми Брансонду гана эмес, Түркияда "террорчулукка" байланыштуу шек саналган башка америкалык жарандар менен АКШ үчүн иштеген кеминде үч түрк жаранын бошотууну талап кылып жатканын "Wall Street Journal" жазып чыкты.

Пастор Эндрю Брансон.
Пастор Эндрю Брансон.

Өткөн жума күнү да президент Трамп америкалык пастордун маселесине токтолгон эле:

- Түркия көптөн бери мүшкүл жаратып жатат жана дос сыяктуу мамиле жасаган жок. Эмне болоорун көрөбүз. Аларда мыкты христиан пастору кармалып турат. Ага "тыңчы" деген жалган айып токуп чыгышты. Ал тыңчы эмес.

Түркия жардамга муктажбы?

Учурда бир АКШ доллары 6 лиранын тегерегинде болуп жатат. 2-июлда бир доллары 4,6 лира, ал эми 1-январда 3,7 лирага барабар эле.

Германиянын канцлери Ангела Меркел Түркия азырынча немис тараптын өзгөчө экономикалык жардамына муктаж эмес экенин билдирди.

Кантсе да Түркия экономикалык кыйынчылыктарды жөнгө салыш үчүн жума күнү Катар мамлекети менен 3 миллиард долларлык соода келишимге кол койгону маалым болду.

"Бул келишимдин негизги максаты - эки тараптуу сооданы жергиликтүү валюта менен алып баруу жана эки өлкөнүн финансылык туруктуулугун камсыз кылуу", - деп айтылат Түркиянын Борбордук банкы дүйшөмбү күнү тараткан билдирүүдө.

Өткөн аптада Катардын эмири Шейх Тамим бин Хамад Ал Тани Анкарадагы сапарында Түркияга 15 миллиард доллардык инвестиция салууга даяр экенин билдирген болчу.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.​

"Кыргыз жаштары демократияны саткан эмес"

Жыпар Жекшеев.

Тарыхта ГКЧП же "Өзгөчө абал боюнча мамлекеттик комитет" деген аталыш менен калган Совет өлкөсүндөгү мамлекеттик төңкөрүшкө туура 27 жыл болду. 1991-жылы 19-21-август күндөрү Компартия менен КГБдагы консервативдүү күчтөр СССР президенти Михаил Горбачевго каршы төңкөрүш уюштурган. Ал күндөрү Кыргызстандын саясий жетекчилиги жана коомчулугу бул аракетке каршы чыгып, өз позициясын билдирген. Ошол күндөрү ГКЧПга каршы турган штабдын башчысы болгон, Кыргызстан демократиялык кыймылынын (КДК) ошол кездеги теңтөрагасы Жыпар Жекшеев “Азаттыкка” маек куруп, окуяларды эскерди.

“Азаттык”: Жыпар мырза, ушул күндөрү тарыхта ГКЧП же СССРди мурдагы калыбында сактап калыш үчүн Өзгөчө абал боюнча мамлекеттик комитет түзүлгөнүнө 27 жыл толду. Ал күндөрү эгемендигин жарыялаганы турган Кыргызстан бул окуяны тааныбай, коңшу өлкөлөрдөн айырмаланганы белгилүү. Сиз ГКЧП күндөрүндөгү окуяларга жигердүү катышкансыз. Ошол окуяларды эскерип өтсөңүз?

Жекшеев: Ошол күнү ал окуялар тууралуу “мамлекеттик комитет түзүлүп, бийликти колуна алды” деп таң атпай радиодон уктук. Мен дароо эле "Бул төңкөрүш эмеспи?" деп шектендим.

Кыргызстан демократиялык кыймылынын (КДК) кеңсесине барып, башкармалыктын мүчөлөрүн чакырттык. Алардын айрымдары укса, айрымдары уга элек экен. Ошол жерден “биз демократиялык өзгөрүүлөрдү, эгемендикке умтулган аракетибизди сактап калышыбыз керек” деген пикиримди айттым. Алар да мени дароо колдоп, өзгөчө штаб түзүп, мени төрага кылып шайлап коюшту. Ошондо 20 миңге жакын кыргыздын жаштары, азыр жаңы конуш деп жатпайбызбы, негизинен ошол жакта жашагандар “биз жаныбызды берсек да, эркиндикти эч кимге сатпайбыз, ГКЧПга баш ийбейбиз” деп турушту.

Бизде эч кандай курал жок болчу. “Бийлик өзгөрдү, эми силерди биринчи атат, акырын тоого чыгып кеткиле” деп кеңеш айткан айрым ардагерлер да чыгышты. Бирок мындай кептерге карабай эгемендик үчүн, демократиялык өзгөрүүлөр үчүн катуу турган, патриоттук сезими абдан курч кыргыз жаштарына башымды ийдим.

Кыргызстан демократиялык кыймылынын (КДК) митинги. 1991-жыл.
Кыргызстан демократиялык кыймылынын (КДК) митинги. 1991-жыл.

Феликс Кулов анда ички иштер министри болчу, ал келди. КГБнын төрагасы Жумабек Асанкуловду чакырдык. Азыр эми Куловдун тегерегинде ар кандай сөз болуп жатат. Бирок ошол күндөрү Феликс Кулов азаматтык кылган.

“Москвада жапжаш кыздар, жигиттер танктарды гүл менен токтотуп жатат, силер да ошондой болгула, курал бере албайбыз” деп бизге колдоосун билдирип турду.

Биз атайын кайрылуу даярдап, КМШ боюнча бизде гана теле аркылуу бердик. Ал кезде Телерадиокомитеттин башчысы Сатыбалды Жээнбеков эле, ал коркпостон кайрылууну жарыялады.

Мындан соң Бишкектин тегерегинде жайгашкан Орто Азия аскер округунун жоокерлери кайрылууну угуп, “элге каршы чыкпайбыз” деген сөздөр болгон экен.

“Азаттык”: Сиз белгилегендей, ал күндөрү Кыргызстандын саясий жетекчилиги да, коомчулугу да төңкөрүш аракетине каршы чыккан Орто Азиядагы жалгыз өлкө болду. Мындай кырдаалга эмне себеп болду? Өлкөдөгү кайра куруу жылдарындагы ачык-айкындыкты жактыруубу?

Жекшеев: Орто Азия эле эмес, Советтер Союзунун мурдагы республикаларынын бири да расмий каналдар аркылуу позициясын билдире алган жок. Чочулап, коркуп турушту. Биз гана теле аркылуу позициябызды билдирдик. Мында маркум Сатыбалды Жээнбековдун да салымы чоң. Ал киши демократиялык баалуулуктарды карманган, биздин киши болчу.

Чын эле өлкөдө өзгөрүүлөрдү каалоо күчтүү болгону байланыштуу болду.

Кыргызстан демократиялык кыймылынын (КДК) мүчөлөрү. 1991-жыл.
Кыргызстан демократиялык кыймылынын (КДК) мүчөлөрү. 1991-жыл.

Азыр эми түшүнүктөр чаржайыт болуп кетти, бирок ал учурда ак менен караны таасын аныктап, түшүнгөнбүз. Биздин жаштар чечкиндүү туруп берди.

“Азаттык”: Эми ал окуялардан бери 27 жыл өттү. Азыркы учурдун көз карашынан алганда ГКЧП күндөрүндөгү кырдаалдын саясий, тарыхый сабагы кандай болду?

Жекшеев: Саясий сабак жөнүндө кеп козгогондо биз баарыбыз унутчаак экенбиз. Эгер ошол күндөрдөн, демократияга умтулуудан жакшы тыянак чыгарсак өлкөнүн абалы, жашообуз да бир топ оңолмок. Бул эми тарыхка айланды. Бирок кыргыздын жаштары эч качан эркиндикти бирөөнө бербей, демократияны сатпай турганын көрсөттү.

20 миңге жакын жигиттер тез арада өз ыктыяры менен келип, фамилиясынан бери жазып беришти. Алгач Ак үйдөгүлөр титиреп отурушкан. Жаштарды көргөндө адегенде ал кездеги парламенттин спикери Медеткан Шеримкулов билдирүү жасады. Ага чейин эле КДКнын билдирүүсү чыгып кеткен эле. Акаевдин биринчи билдирүүсү коркок кишиникиндей болчу. Анан башкалардын билдирүүлөрүн көрүп, экинчи ирет кайрылуу менен чыкты. Себеби, президенттин кадыр-баркы төмөндөй баштаганын билип, анан кескин билдирүү жасады.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.​

Сафиева: "Мен бабаларымдын тилинде сүйлөйм"

Тажикстандын Эл акыны Гүлрухсор Сафиева. 2017-жыл.

Гүлрухсор Сафиева - Тажикстанда белгилүү инсан. Анын ырлары көптөгөн тилдерге которулган. Акындын жыйнагын париждик окурмандарга атактуу Сорбонна университетинин ректору өзү тааныштырган.

Жетимиштин кырын ашкан Гүлрухсор Сафиеванын дем-күүсү, жарашыктуу кийингени, булак суусундай шылдыр аккан күлкүсү бүгүн да нечендеген селкилерди суктандырат.

Гүлрухсор Сафиеваны мурдагы совет бийлиги, кийинки эгемендик мезгили албарс кылычтай курчуткан. Анын ырлары алгач 15 жашында “Совет Каратегини” гезитинде чыкса, тунгуч ырлар жыйнагы 23 жашында Дүйшөмбүдө жарык көргөн. Отузга жетпей ырлары Москвадагы абройлуу басылмаларда басылган. Ондон ашык поэтикалык жыйнактын автору.

Гүлрухсор Сафиеваны аял калемгерлерден айырмалаган дагы бир сапаты - ал Омар Хайямдын көркөм мурасын изилдеген окумуштуу дагы. Тажикстанда роман жазган биринчи аял жазуучу. Ошондуктан бул киши менен поэзия тууралуу сүйлөшкөндү оң таптык.

- Менин баамдашымча, кара сөз чеберлери окуяны акылы менен түшүнгөндү каалашат. Акындар болсо жүрөгү менен түшүнөт. Ошондо акындар эки же төрт сап ырында кээ бир жазуучулар бир китепке сыйдырган ойду айтып салат...

Гүлрухсор Сафиева: - Поэзия - бул адамзаттын аң-сезиминин жеткен чеги. Ал сезим сөз аркылуу берилет. Сиз байкагандырсыз: бардык ыйык китептер поэзия тилинде жазылган.

Поэзия - бул биринчиден улуу акыл-эс жана кайсы гана тилде болбосун адам менен сүйлөшө билүү. Поэзияны адамдын акылы үчүн мис идиштин бетине зергер чеккен гүл деп билиңиз. Жазуучулар мени эмки сөзүм үчүн кечирип коюшсун, мен өзүм да бир нече романдын авторумун. Эгер талыбай эмгектенсеңиз, күнүнө 16-17 саат жылбай отуруп жазсаңыз, жакшы редакторуңуз болсо, ортозаар жазуучу боло аласыз. Кудай талант бербесе, ортозаар акын боло албайсыз. Мен ушинтип ойлойм.

Хафиз, Хайям, Руми жана башка улуу акындар - алар миссионерлер, Жараткандын жердеги элчилери. Жараткан алардын сөзүн пайдаланып, биз менен сүйлөшөт. Кимдир бирөө “Поэзия - адамдын Кудай менен сүйлөшүүсү” деп бекер жерден айтпаса керек?!

Рудакинин тилин сайраткан Сафиева
please wait

No media source currently available

0:00 0:11:01 0:00
Түз линк

- Орто кылымдардагы тажик-перс поэзиясы бүгүнкү поэзияга салыштырмалуу алда канча философиялуу, насыят сөздүү, баяндоосу көп болчу. Азыркы тажик-перс поэзиясы Мирзо Турсун-Заде, Мумин Каноат, Лоик Шералы жана сиз сыяктуу акындардын чыгармалары аркылуу бир кыйла конкреттүү, элдин мээнетин жана кубанычын тең бөлүшкөн, реалдуу жашоого жакын болуп калды. Же мен жаңылышамбы?

Гүлрухсор Сафиева: - Сиз абдан туура байкагансыз. Сиз "акындар асмандан жерге түштү, көктөн адамга келди" деп айтайын дедиңиз беле? Билесизби, адамзаттын тарыхында, айрыкча тажик-перс маданиятында миллиондогон акындар болду. Себеби, XX кылымга чейин перс-тажик-дари адабияты бир эле адабият эле. Бул кыялкеч поэзия болчу. Кандайдыр прозабыз болсо, ал да кыялкеч проза болчу. Андай поэзия жана проза адамды жакшы нерсеге үмүттөндүргөн, бирок оюн Жердеги чыныгы жашоодон Көккө көкөлөтүп жиберген.

Биздин кылым мурдагы кылымдарга окшош эмес, бөлөк. Ар кылымдын өз акындары бар. Биз Хафизди, Ширазини, Саадини, Хайямды аздектеп сүйөбүз. Алар улуу акындар экенин, бирок биздин замандын эмес, өз доорунун акындары экенин билебиз. Бирок адамзат өзгөрбөйт. Кайгы-капа, кубаныч, сүйүү, жек көрүү дайыма адамзат менен жашай берет. Хафиз, Ширази, Саади, Хайям кайгы-капа, бак-таалай, кубаныч, махабат, жек көрүү тууралуу бийик маанайда ырдашты. Бүгүн кимдир-бирөө сүйүү жөнүндө кеп салганда, мен дайыма Маяковскийдин мына бул саптарын эстейм:

Какому небесному Гофману

выдумалась ты, проклятая?!

Бул XX кылымдагы бозойдун өз сүйүүсүн селкиге түшүндүргөнү. Биздин кылым Көктөн Жерге конду. Эстеңизчи, XX кылымда кандай чоң согуштар болду? Биздин кылым да тынч эмес. Атомдук, өзөктүк согуштун карааны желип жүрөт. Космонавттар планеталардын ортосунда саякатап жүрүшөт. Кээ бир мамлекеттер Айдын бетине дача куруп, келечекте шаарга айлантканга камынышууда. Мурда акындар Айды касиеттүү, сыйкырдуу деп сыпаттаса, биз бүгүн жөн гана планета деп сүйлөп калдык. Убакыт, мезгил өзгөрүүдө. Акындар мезгилди эмес, мезгил бизди өзгөртүп жатат. Өзү ушундай болуш керек го...

- Сиз Иран таануучу, илимпоз катары айтсаңыз - бүгүн орто кылымдарга салыштырмалуу поэзиянын тили өзгөрдүбү?

Гүлрухсор Сафиева: - Бул абдан жакшы суроо. Менимче, бул суроону мурда мага эч ким берген эмес. Сиз өтө туура суроо бердиңиз. Бирок биздин тилибиздин улуулугу мында: перс-тажик-дари тилдери бир эле перс-тажик тили. Бул тилдин негиздөөчүсү Рудаки. Анын сөөгү азыркы Согди облусунун Панжруд кыштагында көмүлгөн. Ал кезде бул аймактын баары Мавераннахр деп аталчу. Азыр биздин адабиятыбызда араб сөздөрү азайды. Себеби, орто кылымдарда Хафиз, Саади, Мавлони Руми жана башкалар окумуштуу-уламалар эле. Бүгүн поэзия мурдагыдан конкреттүү болуп калды.

Рудакинин 1150 жылдыгына арналып, Тажикстанда чыгарылган күмүш 5 сомони. 2008-жыл.
Рудакинин 1150 жылдыгына арналып, Тажикстанда чыгарылган күмүш 5 сомони. 2008-жыл.

Азыр узун ырларды эч ким эшитпейт. Поэма болсо бир жөн. Тил өзгөрүүдө. Билесизби, биздин тилибиздин улуулугу эмнеде? Рудакинин ырларын биринчи класстын окуучусу да түшүнө алат. Ал окуучу поэзияны түшүнбөшү мүмкүн, бирок сөздөрдүн баарын түшүнөт. Биздин тилибиз байыркы, мазмундуу, кубаттуу, бай тил болгондуктан, сөздөр аз өзгөрдү. Ар бир адам, акын - өз тилинин алып жүрүүчүсү. Элинин тилин жазуучулары эмес, акындары жаратканын акындар өздөрү билишпейт. Тилди эл жаратат, бирок тилди жаратууга акындар абдан жигердүү катышат. Бүгүнкү тил - менин тилим, бирок ал Рудакинин тили. Мен өз бабамдын тилинде сүйлөйм.

"Менин танууга укугум бар"

Гүлрухсор Сафиева - X-XI кылымдарда өткөн ойчул-акын Омар Хайямдын (18.05.1048 - 4.12.1131) чыгармаларын изилдеген өжөр окумуштуу дагы. Өз рубаилеринде шарапты даңктап ырдаган еретик-акындын поэтикалык мурасын ортодон кошулган агындылардан тазалоону Гүлрухсор Сафиева өмүрлүк борчу (милдети) деп билет. Албетте, илимпоз-адабиятчылардын консервативдүү чөйрөсүнө чакырык ташташ үчүн кайсар да, албарс кылычтай өткүр да болуш керек. Гүлрухсор айым "Омар Хайямдыкы" деп китептен китепке, жыйнактан жыйнакка көчүп жүргөн төрт жүздөн көп рубаинин ашып барса 200ү гана дүйнө тааныган улуу акындыкы деп ишенет. Кээ бир изилдөөчүлөр "Омар Хайям өз рубаилеринде "шарап" деп шарапты эмес, жашоону айтат" деген пикирде. Бул боюнча акындын ою кандай?

Омар Хайямдын портрети.
Омар Хайямдын портрети.

Гүлрухсор Сафиева: - Мен Омар Хайямдын рубаилерин 30 жылдан бери изилдейм. Бала кезимде анын ырларын дубалдын бетине көмүр менен жаза баштагам. Ал үчүн мени сабашчу. Мен сизге айтам: Омар Хайям өз рубаилеринде багбан адам тиккен жүзүмдөн жасалган кадимки шарап жөнүндө ырдайт. Хафиз да өз газелдеринде кадимки шарап тууралуу айтат. Ким шарапты башка нерсе менен алмаштыргысы келсе, анын өз иши.

Омар Хайямдын поэтикалык мурасы боюнча менин жазганымды эч ким, Омар Хайямдын чыгармаларын изилдеген эч бир аалым “сенин жазгандарың натуура” деп жокко чыгара элек. Мен бир рубаи балалап отуруп, 15 рубаиге айланганын билем. Өз учурунда шарап ичип же шарап уурттап коюп жүргөн адам анысын ачык айткандан коркуп, рубаисин Хайямга таңуулап койгон. Муну мен өз изилдөөлөрүмдө жазганмын. Мен "Омар Хайямдыкы" деген ырлардын ичинен 350 рубаини тандап алдым. Эгер аларды китеп кылып чыгарчу болсом, рубаилердин эки жүздөйүн гана калтырам.

- Ошондо Гүлрухсор Сафиева чыгарган жыйнакта Омар Хайямдын 200 же андан бир аз көп рубаи болот?

Гүлрухсор Сафиева: - Ооба, 200. Мен Омар Хайямдын бардык ырларын, ал түгүл аныкы деп айтылып жүргөн бардык ырларды жатка билем. Ал жыйнакка Хайямга таандык эмес ырларды түп нускасында которуп берем. Менин танууга укугум бар! Менин Иранда чыккан китебимде айтылган ойлорду эч ким “туура эмес” деп танган да, айткан да жок. Эгер кимдир-бирөө кайчы пикирин айтса, мен жаңылышкан экенмин деп ойломокмун. Мен Омар Хайям жөнүндө жазган биринчи аялмын. Билбейм, эмне үчүн башка аялдар жазышпайт?

Гүлрухсор Сафиева мени менен маектешип отуруп, Омар Хайямдын рубаилерин адегенде тажикче, анан шыр эле орусча жатка окуп жатты.

- Омар Хайямдын башка акындардан айырмалаган улуулугу - анын ырларында бир да түшүнүксүз сөз жок, араб сөздөрү да аз. Ал эмне үчүн дүйнөдө белгилүү? Эмне үчүн америкалык астронавттар космоско Омар Хайямдын да китебин алышкан? Себеби, ал оюн түшүнүктүү жана түз айтат. Шарап десе шарапты, жашоо десе жашоону айтат. Шарап - жашоонун көмөкчү этиши эмеспи. Хафизде да шарап жөнүндө газелдери бар. Мен сизге Хафизди сөзмө-сөз которуп берип жатам. "Мени бул шордуу жашоодон алып кет. Жашоо ачуу, бул андан да ачуу" деп, Хафиз чыныгы арак жөнүндө айтууда. Кимдир-бирөө окугусу келбесе, окубай эле койсун. Бирок муну Хафиз айткан (күлдү).

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Тажикстандагы теракттын таржымалы

ИМ тобунун тажикстандык мүчөлөрү.

Тажик бийлиги 29-июлдагы чет элдик туристтерге кол салууга шектүү беш кишини камакка алып, окуяга тиешеси бар адамдарды издөөнү кеңейтти. Теракттын уюштуруучусу катары шек саналган жигиттин энеси баласы башкалардын азгырыгына кабылганын айтып жатат. Анын айтымында, уулу издөөдө жүргөн кылмышкерлердин сөзүнө кирип, адам өмүрүн алган кылмышка барган.

"Тажикстанда саякаттап жүргөн чет элдик велотуристтерге кол салган" деп шек саналып жаткандардын туугандары алар чыныгы жашоосун элден жашырып келгени эми ачыкка чыкканын айтып жатышат.

Терактты уюштургандардын башчысы катары шектелген Хусейин Абдусаматовдун энеси Гүлчахра Шодмонованын айтымында, анын уулу Кары Насир деген ат менен таанылган Насиркожо Убайдовдун сөзүнө кирип, университеттеги окуусун таштап койгон:

- Менин уулумду бул жолго башкалар тартып кетишти. Мен анын мынчалык эрксиз экенине, башкалардын жетегине оңой кирип кеткенине ичим ачышып турат. Ал мечитке барып жүрүп, динчилдерге жолугуптур. Баламдын Кары Насир менен жүргөнүн көп жолу көрдүм.

Тергөөгө жакын булактардын айтканы боюнча Тажикстанда издөө жарыяланган Кары Насир бул эненин баласы Абдусаматовго теракт уюштурууга тапшырма берген. Тажик бийлиги кылмышкерлер велотуристтерди капыстан эле бутага алып, чет элдиктердин артынан ээрчип жүрүшкөн деп эсептейт. Тергөөдө айтылгандай, Кары Насир "террордук кол салуу эл аралык коомчулуктун көңүлүн бурат" деп, аны ишке ашырууга шыкак болгон. ​

Лорен Гогегян - кол салууда мерт болгон чет элдиктердин бири. 29-июлда кылмышкерлер жолдо велосипед тээп бараткан туристтерди автоунаа менен койдуруп, андан кийин бычактап кетишкен. Кол салгандар бешөө болгон. Анын төртөөнү полиция атып салган. Алардын ичинен Абдусаматов гана тирүү калган.

Полиция аны камакка алгандан кийин Абдусаматов оппозициялык Ислам кайра жаралуу партиясынын мүчөсү экенин жарыя кылды. Бул партия 2015-жылы экстремисттик уюм деп таанылып, Тажикстанда ага тыюу салынган. Бирок партиянын мүчөлөрү бийликтин бул жарлыгын негизсиз деп билдиришкен.

Туристтерге кол салууну "Ислам мамлекети" террордук тобу өз мойнуна алды. Радикал уюм жарыялаган видеодо беш эркек бул кыймылдын ишине башын сайганын айтып антташат. Абдусаматовдун энеси уулу 2004-жылы Тажикстандан чыгып кеткенин айтат.

- Дубайдан, бирде Орусиядан, бирде Казакстандан телефон чалып турчу. Ал үч ай мурун үйгө кайтып келген. Мен ага "полиция издеп жүрөт" деп айткам.

Жума Сафаров - кылмышка шектүүлөрдүн биринин атасы. Ал 19 жаштагы уулун “Ислам мамлекети” радикал тобу жарыялаган видеодон көрүп тааныды.

- Баланы оңой эле алдап койсо болот. Ооба, аны кимдир бирөө алдап, туура жолдон чыгарды, - дейт ал.

Тергөөчүлөр Кары Насир төрөлгөн Пархар районуна барышты. Тажик бийлигинин маалыматына караганда, ал өлкөдөн 2010-жылы кетип, Ирак менен Сирияга барган. Туристтерге кол салуу болгондон кийин тергөөчүлөр Насирдин үй-бүлөсүн, анын ичинде 18 жаштагы уулун суракка алышты.

- Мен атамды элестете албайм. Аны 2007-жылдан бери көрө элекмин. Ал бизден кабар алчу эмес. Аны "өлүп калган" дешкен. Бирок аныгын билбейм, - деп тим болду уулу.

Эгер Абдусаматовдун теракт жасаганы аныкталса, сот аны 20 жылга, же өмүр бою эркинен ажыратышы мүмкүн. Бирок сот өкүмүнө чейин тергөөчүлөр кандуу кол салууга дем берген Кары Насир тууралуу болушунча көбүрөөк маалымат алууну көздөп жатышат. Бул иштин алкагында Орусияда иштеп жүргөн 20 мигрант мекенине суракка чакырылды.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Өзбекстан-Тажикстан стратегиялык келишимине кол коюлду

Ташкенттин аба майданынан Эмомали Рахмонду президент Шавхат Мирзиёев өзү тосуп алды. 17-август, 2018-жылы

Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон 17-августта Өзбекстанга эки күндүк мамлекеттик сапар менен келди.

Ташкенттин аба майданынан аны президент Шавхат Мирзиёев өзү тосуп алды. Тажик президенти Өзбекстанга мамлекеттик сапар менен акыркы жолу 20 жыл мурда, 1998-жылы келген. Ислам Каримовдун тушунда Тажикстан менен Өзбекстандын алакасы сууп кеткен.

Өзбекстан Республикасы менен Тажикстан Республикасынын ортосунда эки тараптуу кызматташтыктын узак жана туруктуу багыттарын камтыган Стратегиялык өнөктөштүк келишимине кол коюлду. Бул тууралуу Тажикстандын президенти Эмомали Рахмондун 17-августта Ташкентке жасаган мамлекеттик сапары учурунда маалым болду.

Эмомали Рахмон менен Шавхат Мирзиёевдин тар жана кеңири чөйрөдөгү жолугушуулары өзбек президентинин “Көксарай” резиденциясында өттү. Эки тараптуу сүйлөшүүнүн жыйынтыгында өндүрүш, чек ара, билим берүү, айыл чарба, маданий жана башка чөйрөдөгү кызматташтыкты камтыган 27 документке кол коюлду.

- Биздин кызматташтыгыбыздын жаңы этабын күбөлөгөн Стратегиялык өнөктөштүк келишимине кол коюлду. Ага кол коюп жатканда мен сыймыктанып, толкундап турдум. Биз кошунабыз, эң жакын кошунабыз, бирок бул жылдары бизде стратегиялык өнөктөштүк болгон эмес, - деди Шавкат Мирзиёев.

Андан тышкары, Өзбекстандын Сурхандарыя жана Тажикстандын Хатлон, Өзбекстандын Самарканд жана Тажикстандын Согди облустарынын ортосунда өз ара соода-экономикалык, илимий-техникалык жана маданий-гуманитардык келишимдерге кол коюлду.

Өзбекстандын мамлекет башчысынын басма сөз кызматы тараткан кабарда Шавкат Мирзиёев жолугушуу учурунда “биздин мамлекеттер арасында саясий ишеним жогорулап, кыска убакытта көптөгөн жылдар бою актуалдуу болуп келген маселелер чечилген” деди:

- Бүгүн биздин алдыбызда соода-экономикалык, транспорттук-коммуникациялык дараметти толук ишке ашыруу жана маданий-гуманитардык кызматташтыкты күчөтүү үчүн чоң мүмкүнчүлүктөр ачылып жатат. Биз бул сапар чыны менен тарыхый болуп калышын, ал эми биздин макулдашуулар элибизге узак жылдар бою кызмат кылышын каалайбыз.

Эмомали Рахмон (солдо) менен Шавкат Мирзиёев (оңдо). 17-август, 2018-жыл.
Эмомали Рахмон (солдо) менен Шавкат Мирзиёев (оңдо). 17-август, 2018-жыл.

Эмомали Рахмон өз сөзүндө Мирзиёевдин быйыл 9-мартта Дүйшөмбүдө болгон мамлекеттик сапарын эске салып, ал "биздин өлкөлөрдүн ортосундагы мамилелерди калыбына келтирип, ар кайсы багытта кызматташтыктын өнүгүшүнө дем берди" деди.

- Биз тарыхый жактан мааниси терең чечимдерди кабыл алдык. Бул чечимдер тажик-өзбек мамилесинин жаңы бийиктикке көтөрүлүп, жаңы сапатка жана форматка өтүүсүн шарттайт. Бүгүн кол коюлган документтер топтому биздин көп кырдуу кызматташтыгыбыздагы келишимдик-укуктук базаны бир кыйла кеңейтет. Анын ичинде эң негизгиси катары Стратегиялык кызматташтык жөнүндөгү келишимди айтсак болот.

Тажик президенти Шавкат Мирзиёевдин бийликке келиши менен Өзбекстанда жана элдин турмушунда чоң өзгөрүүлөр болуп жатканын да кошумчалады.

Өзбекстандын президентинин басма сөз кызматы тараткан кабарга ылайык, жолугушууда терроризмге, экстремизге, эл аралык кылмыштуулукка каршы туруу, укук коргоо органдарынын өз ара кызматташтыгын күчөтүү маселелери да талкууланган.

Жолугушууда айтылгандай, эки өлкөнүн соода жүгүртүүсү былтыркыдан 35 пайызга көбөйгөн.

Тажикстан менен Өзбекстандын соода жүгүртүүсү акыркы жылдары бир канча эсе арбыды. 2015-жылы ал 12 млн. долларды гана түзсө, 2017-жылы 126 млн. долларга жеткен. Эки мамлекеттин башчылары соода жүгүртүүнүн көлөмүн 500 млн. долларга жеткирүүгө ниеттенип жатышканын билдиришүүдө. Шавкат Мирзиёев эки өлкө мүмкүнчүлүктөрдү толук пайдалана элек экенин кошумчалады:

- Эгер ишти ушундай ыргакта уланта турган болсок, соода жүгүртүүнүн көлөмүн жакында 500 млн. долларга жеткиребиз. Чындыгында биздин дарамет жок эле дегенде 1 млрд. доллар.

Тажикстан (солдо) менен Өзбекстандын (оңдо) президенттери. 17-август, 2018-жыл.
Тажикстан (солдо) менен Өзбекстандын (оңдо) президенттери. 17-август, 2018-жыл.

Эмомали Рахмон Ташкентте өзбек кызматташы менен “Тажикстанда жасалган” деген атайын көргөзмө-жармаңкеге да катышат. Ал жармаңкеге Тажикстанда өндүрүлгөн товарлар коюлган. Ошондой эле эки президент Өзбекстандын “Артель” заводуна барат. Ушул эле күнү Рахмон менен Мирзиёев эки өлкөнүн шайырлары катышкан концертти көрүшөт.

Эмомали Рахмондун сапарынын алдында Ташкентте “Тажикстан-Өзбекстан” деген бизнес-форум уюштурулду. Анын жыйынтыгында эки өлкөнүн ишкерлери өз ара 100 млн. долларлык келишимдерге кол коюшканы кабарланды.

Тажикстандын президенти Самаркандга да барып, андагы туристтик жайлар менен таанышат.

Бул - Эмомали Рахмондун жооп сапары. Өзбекстандын президенти мамлекеттик сапар менен Тажикстанга быйыл 9-мартта барып кеткен. Анда 27 документке, анын ичинде эки өлкө жарандарынын 30 күнгө чейин кирип-чыгуусуна уруксат берген келишимге кол коюлган. Тажикстан менен Өзбекстандын жарандары муну эки мамлекеттин кызматташтыгынын кайра жандануусу катары баалашкан.

Тажик президенти Өзбекстанга акыркы жолу мамлекеттик сапар менен 20 жыл мурда, 1998-жылы келген.

Ислам Каримовдун тушунда Тажикстан менен Өзбекстандын алакасы сууп кеткен.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Тажикстан: Курман айтта чоң дасторкон жайбагыла

Иллюстрациялык сүрөт.

Тажикстандагы Дин иштери боюнча комитет саналуу күндөн кийин боло турган Курман айт майрамында чоң дасторкон жайгандарга айыппул салынарын элге эскертти. Бул мусулмандардын эң чоң майрамдарынын бири.

Майрам күнү Дин иштери боюнча комитеттин жетекчилиги үймө-үй кыдырып, ар бир жайылган дасторкондун даярдалышы текшерилген рейд жүрөрүн билдирди. Ал тамак-аштын базар баасын көтөрбөш үчүн өткөрүлөт.

Тажикстандын Дин иштери боюнча комитетинин басма сөз катчысы Афшин Мукимдин айтымында, рейд учурунда чоң дасторкон жайгандар аныкталса административтик протокол түзүлүп, сотко жиберилет. Айыппулду болсо сот аныктайт, эрежени жеке адамдар бузса беш миң сомони айыппул салынат.

- Бул талап тиешелүү болгон органдар мыйзамдын негизинде такталды жана мыйзамдын аткарылышы көзөмөлгө алынат, - деди Афшин Муким.

Былтыр мындай аракеттер базар баасын туруктуу кармап турууга жардам берген. Комитеттин өкүлдөрү майрамдык дасторконду экзотикалык жер-жемиштер менен эмес, жергиликтүү тамак-аш, үйдөн даярдалган таттуулар менен эле даярдап койсо болорун белгилешет.

Дүйшөмбү шаарындагы борбордук мечит. 19-апрель, 2018-жыл.
Дүйшөмбү шаарындагы борбордук мечит. 19-апрель, 2018-жыл.

Курман айт мусулмандардын башкы майрамы. Ал жыл сайын Меккедеги ажылыктан кийин белгиленет.

1991-жылдан бери Тажикстанда Орозо жана Курман айт майрамдары иш күн эмес экени расмий жарыяланган. Бирок былтыр Курман айт күнү айрым окуу жайларынын кызматкерлерине жумушка чыгуу милдети жүктөлгөн.

Тажикстандын айрым тургундары Дин иштери боюнча комитеттин майрамдык дасторконго чектөө киргизишин "адам укуктарына шек келтирет" деп сынга алышты. Бирок Афшин Муким бул аракет адамдын жеке жашоосуна эч кандай кийлигишпейт деп эсептейт. «Мыйзам коомдун бардык катмары үчүн бирдей иштеши керек", - деди Муким.

Коңшу Өзбекстанда да Орозо айт, Курман айт майрамдары расмий иш күн эмес деп жарыяланганы менен бир катар чектөөлөр да болгон. Маселен 2015-жылы Ташкент, Самарканд, Бухара облустарындагы мугалимдерди жергиликтүү бийлик өкүлөрү Курман айт күнү пахта терүүгө чыгарган. Баш тарткандарга 40 миң сум айыппул салынган.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Улуттук банк: Доллар кымбаттап кетпейт

Улуттук банк: Доллар кымбаттап кетпейт
please wait

No media source currently available

0:00 0:06:30 0:00

Барак айылы Өзбекстанга өтөбү?

Кыргыз-өзбек чек арасы.

Кыргызстан Барак эксклавын Өзбекстандын башка жерине башма-баш алмаштырганы жатат. Коңшу өлкө Барактын ордуна Анжиян облусунан жер бере турганы белгилүү болду.

Бул тууралуу чек ара маселеси боюнча кыргыз-өзбек өкмөт аралык жумушчу тобунун Фергана шаарында өткөн соңку жыйынында айтылды.

Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Барак айылына барчу жол Өзбекстандын аймагында жайгашкан. Айылга каттоо 2010-жылдан кийин кыйындаган.

Өкмөт барактыктарды биротоло көчүрүп келүү тууралуу чечим чыгарган. Эки өлкөнүн ортосундагы чек аранын узундугу 1378 чакырымды түзөт жана анын 85 пайызы такталган. Калган жерлер талаштуу болуп саналат.

Барак айылынын башчысы Бурканбек Ашыров Өзбекстан Барак үчүн Анжиян облусунан жер бере турганын "Азаттыкка" билдирди:

- Жерди алмаштырууну эл суранып жатат. Барактын жолу 2013-жылдын 17-январынан тартып бир тараптуу жабылган. Ушул күнгө чейин ачыла элек. Мисалы "Достук", "Маданият", дагы көп жерлер ачылды. Барактыкы ачылбай, эл Кызыл-Кыя аркылуу каттап жатат. Мында бир тарабы 300 чакырым, барып-келишиң 600 чакырым болот. Мурда Ак-Таш аркылуу жүргөн жолубуз 2,5 эле чакырым эле. Биз Баракты ошол жакка таштай турган болдук. Өзбекстандын Анжиян облусуна караштуу Коргон-Төбө районунун Бирлешкен деген айылы бар. Ал жер сыртынан чыгыш жагы Ак-Таш, түштүк жагы Кашкар-Кыштак айыл өкмөтү менен чектешип турат. Ошол Бирлешкен айылынан гектарына гектар жер бере турган болду. Эл чогулуп уруксат бердик. Азыркы күндө бул маселе иштелип жатат. Мен ошол бизге бериле турган жерди көрүп, ченеп жатканда өзүм кошо жүрдүм. Курбанбай Искандаров (кыргыз өкмөтүнүн чек ара маселелери боюнча өкүлү - ред) "1,5-2 жылдын ичинде маселе чечилип калат" деди. Ошого сабыр кылып күтүп жатабыз.

Барак айылынын тургундары көчүп келген Кара-Суунун Беш-Үй участкасы. 2014-жыл.
Барак айылынын тургундары көчүп келген Кара-Суунун Беш-Үй участкасы. 2014-жыл.

Баракта азыр туруктуу жашаган 20 кожолук бар, анда 78 адам жашайт. Жай мезгилинде эгин-тегин айдап тиричилик кылам деп баргандардын эсебинен айыл элинин саны көбөйө түшөт. Бирок алар кирип-чыгып турат.

Барак айылынын тургуну Алмаз Каримов Барак эксклавын алмаштырууга каршы эмес. Ал бул кыштактагы үй-жайын, жерин таштап Кара-Суу районунун Ак-Таш айыл округуна биротоло көчүп келген. Бирок өкмөт берген жерде мектеп жок. Каримов балдарына карап ушул тушта Кашкар-Кыштак айылында батирде күн кечирип жатат.

- Ал жерге кириш үчүн Өзбекстан бизге коридор бербей койду. Убагында алмаштырып эле салганы жакшы. Бирок канча гектар жер алса, ошончо гектар жер берсин. Мисалы 280 гектар жер болсо андан кем эмес жер алынышы керек. Биздин бул жакка келгенибизге беш-алты жыл болду, жерибиз жок. Эч жерде иштебейбиз. Эми бул жерде ары-бери каттаганга тоскоолдук жок, эптеп курсагыңды тойгузсаң болот экен. Баракта жүргөндө ачка эле калганбыз. Баракта кой баккан, кичине жүгөрү айдап оокат кылган, өмүр бою ошол жерде жашаган аксакалдар бар. Алар жол ачык кезде деле бул жакка чыкпайт эле. Менин Баракта 75 сотых жерим бар болчу. Өкмөттүн эки гектар жерин иштетчүмүн. Трактор айдап, оокат кылчумун. Бул жакка келгенден бери жерим жок, тракторумду сатып, акчасын жеп койдум. Жашообуз абдан кыйын. Фонддун жеринен аукцион кылып ижарага берсе, ошону иштетет элек. Бул жакта бизге эч ким жерин бербейт. Берсе 40-50 миң сомго сатат. Биз деле элге окшоп дыйканчылык кылсак жакшы болмок.

Кыргыз өкмөтүнүн басма сөз катчысы Чыңгыз Эсенгул уулу бул маселе кыргыз-өзбек өкмөт аралык жумушчу тобунун 7-августта Фергана шаарында өткөн жыйынында каралганын “Азаттыкка” ырастады:

Чыңгыз Эсенгул.
Чыңгыз Эсенгул.

- Кыргыз-өзбек өкмөт аралык жумушчу тобунун жыйынында Барак маселеси да каралган. Кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын делимитациялоо иштери эки өлкөнүн премьер-министрлери бекиткен жумушчу тобу тарабынан жүргүзүлүп жатат. Делимитациялоо иштеринде жакшы жылыштар бар экенин белгилеп кетебиз. Учурда такталбаган жерлер, ошол эле Барак боюнча аныктоо иштери жүрүүдө.

Мурдагы вице-премьер-министр Абдрахман Маматалиев буга чейинки эки тараптуу сүйлөшүүлөрдө Барак маселесин чечүүнүн башка жолдору да каралганын айтып берди:

- Биз иштеп турганда Баракты алмаштыруу тууралуу сөз болгон эмес. Анткени башка вариантты караганбыз. "Кандай болгон күндө да ал өзүбүздүн аймак болуп кала берет, кандайдыр бир акционердик коом же чарба түзүлүп, Кыргызстандын жери, чарбасы катары кала берет" дегенбиз. Жер алмашуу дүйнөлүк тажрыйбада бар нерсе да. Баткен облусундагы Көк-Таш айылындагы 16 гектар жерди алмаштырууга даярдаганбыз. Муну алгач элден сураш керек. Элдин макулдугун алып, анан жогорку жакка жетет.

Чек ара маселеси боюнча эксперт Саламат Аламановдун пикиринде, бул жагдайды саясатка айландырууга негиз берилбеши керек. Ал Каркыра жайлоосунун Казакстанга, Үзөңгү-Кууштун Кытайга берилген учурун мисалга тартты:

Саламат Аламанов.
Саламат Аламанов.

- Мындай иштен кийин ар түрдүү ача пикирлер сөзсүз чыга берет. Барак маселесин көп жылдан бери эле чече албай келбедикпи. Маселе чечилгенден кийин сынчылар, саясатка айландыргандар чыгат. Ошондуктан буга дайым даяр болуш керек. Каркыра деле ушундай болгон да, биз аны берип, өзүбүзгө эки эсе көп жер алганбыз. Биздин эл пайдаланып жүргөн жерди алганбыз. Ошол жердин чуусу азыр деле басыла элек. Бул өзү чоң оюнга айланып кеткен. Каркыра деле, Үзөңгү-Кууш деле эл жашабаган жер. Барак болсо калыптанып калган айыл, инфраструктурасы, көрүстөнү бар дегендей. Бул жерде маселе татаалыраак болушу мүмкүн.

Барак айылы Кара-Суу районуна карайт, бирок Өзбекстандын ичинде, чек арадан беш чакырым ичкери жайгашкан. Айылга кирип-чыгуу 2010-жылдан кийин кыйындаган. Кыргыз өкмөтү барактыктарды көчүрүп келүү тууралуу 2011-жылы токтом чыгарган.

2013-жылы Барак айылына барчу жолдогу Ак-Таш посту биротоло жабылган жана тургундар ал жактан массалык түрдө көчүп келе баштаган. Аларга Кара-Суу районунун Ак-Таш айыл округунан, Сары-Колот айыл округунун Беш-Үй участкасынан жер бөлүнүп берилген. Чекти 153 адам алган жана алардын басымдуу бөлүгүнө өкмөт 200 миң сомдон ссуда берген. Жер алгандардын ондон ашыгы гана бул жерде туруктуу жашап жатат. Калгандары башка айылдарда батирлеп күн көрүшөт. ​

Кыргызстанда Өзбекстандын Сох, Чоң Кара-Калча, Шахимардан, Таш-Дөбө деген анклавдары бар. Бул жерде коңшу өлкөнүн тургундары ортосунда маал-маалы менен чыр-чатактар катталып турат. Өзбек тарап Сох анклавына жол ачуу маселесин көтөрүп келет, расмий Бишкек буга бир жактуу жооп кайтара элек.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Тажикстанда 73 жаштагы эне соттолду

Рахбар Аминова.

Тажикстандын Хатлон облусунун Бохтар шаардык соту 73 жаштагы байбичени сегиз жылга эркинен ажыратты. Чачын бубак баска аялга "мыйзамсыз баңгизат ташыган" деген айып тагылды.

73 жаштагы Рахбар Аминова сот залынан камакка алынды. Кылмыш иши тергелип жатканда байбиченин жаш курагы жана ден соолугу эске алынып, үй камагында жүрүүгө уруксат берилген.

Аминованы быйыл жазында Хатлон облусунун Баңгизаттарды көзөмөлдөө агенттигинин кызматкерлери кармашкан. Агенттиктин башкы тергөөчүсү Курбонназар Баратзода байбичеге Тажикстандын Кылмыш-жаза кодексинин “Баңгизатты мыйзамсыз ташуу” беренеси боюнча кылмыш иши козголгонун билдирген. Аминова сурак учурунда күнөөсүн мойнуна алган. Жашы 70тен өткөн аялга "400 грамм нашааны ташууга ортомчу болгон" деген айып тагылган.

Аминова сот өкүмү чыккыча катаал жазадан кутулам деген үмүт менен жүргөн. Сот анын улгайып калганын эске алып, жазасын жеңилдетип, темир торго салбайт деп күткөн.

Айыпталуучу “Азаттык” радиосунун тажик кызматына өткөн айда берген комментарийинде соттон ырайым күтүп жатканын айткан эле:

- Мен бардыгы мынчалык катаалдашат деп ойлогон эмес элем. Болгону тааныштарымдын өтүнүчүн аткарып, бирөөлөргө дары жеткирип бергем. Ал үчүн менин атыма акча которушкан. Азыр аябай коркуп турам. Сот менин карыганымды, ден соолугумдун начарлыгын эске алат болуш керек.

"Кылмыш кылды" деп айыпталып, сегиз жылга кесилген байбиченин төрт баласы бар. Алардын бири Орусияда миграцияда иштеп жүрөт. Байбиче 100 сомони (700 сом) пенсия алат, балдары ага жардам деле бера албайт.

Рахбар Аминова мындан бир нече жыл мурун да “тыюу салынган диний адабияттарды саткан” деп айыпталып, сот жообуна тартылган.

Ооганстандын апийим талаасы.
Ооганстандын апийим талаасы.

Тажикстан дүйнөдө баңгизат өндүрүүнүн мекени болуп саналган Ооганстан менен чектешет. Баңгизатты көзөмөлдөө агенттигинин маалыматы боюнча, Тажикстанда жыл сайын баңгизатка байланышкан 800дөн 1000ге чейин кылмыш иши катталат.

Дүйнөдө апийимдин 90% Ооганстанда өндүрүлөт. Улуттар Уюмунун иликтөөсү көрсөткөндөй, былтыр оогандыктар апийим эгилген талааны 10% кеңейткен. Тагыраак айтканда, 183 миң гектар аянтты 201 миң гектарга жеткиришкен.

Ооган апийими дүйнөгө тараган жолдордун бири Тажикстан аркылуу өтөт.

Жалпысынан Борбор Азия аймагы аркылуу ооган апийиминин 25% ташылат. Андан тышкары Түндүк багыты Карачи шаарынан жана Балкандан өтүп, дүйнөгө тарайт.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

"Кудайдын колу" тиреген көпүрө

"Кудайдын колу" тиреген көпүрө
please wait

No media source currently available

0:00 0:30:29 0:00

Тажикстан: тик учак кырсыгынан беш адам өлдү

Тажикстанда жекшембидеги тик учак кырсыгынан беш киши каза тапканы белгилүү болду.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына караганда, кырсыктан үч орусиялык альпинист жана экипаждын эки мүчөсү (тажикстандык жарандар) мерт болгон. "Ми-8" үлгүсүндөгү тик учак 4500 метр бийик жерге конгону баратканда кырсыкка кабылган.

Тажик президенти Эмомали Рахмон Орусиянын лидери Владимир Путинге көңүл айтуу телеграммасын жөнөттү. "Тажикстандын тоолуу аймагында тик учак кырсыктап, анда Орусия Федерациясынын үч жараны курман болгонуна байланыштуу терең кайгыруу менен көңүл айтам. Адам өмүрүн алган чукул кырдаалды иликтөө үчүн атайын мекемелердин жетекчилеринен турган өкмөттүк комиссия түзүлдү" деп айтылат Дүйшөмбүнүн телеграммасында.

Бирок Орусиянын Тажикстандагы элчилиги каза тапкандардын арасында орус жарандары бар экенин азырынча тастыктай элек. Элчилик маалымат так болгон соң расмий сайтка чыгаарын билдирди. Ал ортодо “Азия-Плюс” маалымат агенттиги курман богондордун бири - 71 жаштагы Музаффар Файзуллоев тик учактын учкучу экенин жарыялады.

Аман калган 12 альпинист жана экипаждын бир мүчөсү денесинен ар түрдүү жаракат алышкан. Аларга медициналык жардам көрсөтүлүп, жакынкы ооруканага жеткирилди.

Тажикстандын мамлекеттик маалымат каражаттары билдиргендей, кырсык жекшембиде жергиликтүү убакыт боюнча 16:30да, тик учак Исмоили Сомони чокусуна чыкканы келген альпинисттерди Фортамбек мөңгүсүнө алып бара жаткан маалда болгон. "Ми-8" үлгүсүндөгү тик учак 4500 метр бийик жерге конгону баратканда кырсыкка кабылган. Бортто 15 альпинист: Орусиянын 13, Испания менен Беларустун бирден жарандары болгон. Алардан тышкары, тик учакта экипаждын үч мүчөсү болгону кабарланды.

Ляхш райондук администрациясынын аппарат жетекчиси Хуршед Икромов район борборунан Фортамбек мөңгүсүнө чейинки убакыт тик учак менен 28 мүнөт экенин билдирди. Анын айтымында, Исмоили Сомони чокусуна чыгууга даярдыктан өтүү үчүн негизги лагер Фортамбекте жайгашкан.

Учурда бул кайгылуу окуянын себептерин аныктоо үчүн Тажикстандын Улуттук коопсуздук кызматы, Коргоо, Саламаттыкты сактоо жана Ички иштер министрликтеринин өкүлдөрү кирген комиссия түзүлдү.

Иликтөөнүн жүрүшүн президент Эмомали Рахмон өзү көзөмөлгө алды.

Өзгөчө кырдаал комитетинин маалыматына ылайык, 13-августта жергиликтүү убакыт боюнча саат 11де алпинисттер кайда жүргөнү тууралуу так маалымат алынып, алар менен байланыш түзүлгөн. Кырсыкка кабылгандарды эвакуациялоо үчүн Ляхш районунун аймагына үч тик учак менен куткаруучулар жана медициналык кызматкерлер учуп кеткен. Каза болгондор тууралуу куткаруучулар окуя болгон жерге жеткенден кийин маалым болгон.

Болжолдуу маалыматтар боюнча тик учактын Памир тоолорунда кырсыкка кабылышына аба ырайы себеп болушу мүмкүн.

Буга чейин "Ми-8" тик учагы Жергетал районунун аймагында аскага урунганы, бирок борттогу жүргүнчүлөр менен экипаж мүчөлөрүнүн баары аман калганы кабарланып жаткан.

Кырсык болгон Исмоили Сомони - Тажикстандагы эң бийик чоку. Анын бийиктиги 7495 метр.

Орусиянын альпинизм федерациясынын маалыматына караганда, кырсыкка кабылган тик учактагы альпинисттердин тобунда эң аз дегенде эки инструктор болгон. Алар - Орусия жарандары, 32 жаштагы Воронеждин тургуну Тимур Барабанов менен 46 жаштагы Нижний Новгороддун тургуну Александр Абросимов.

Орусиянын альпинизм федерациясынын аткаруучу директору Роман Брык тик учак асманга көтөрүлөр алдында кырсыкка кабылган деген оюн айтты. Ал альпинисттердин лагери төрт миң метр бийиктикте болгондуктан тик учак конууга шарт болушу керек дейт. "Мындай бийиктикте уюлдук байланыш болбойт, альпинисттер спутник байланышын колдонгон. Азыр эң башкысы жабырлануучуларга убагында медициналык жардам көрсөтүү" дейт Роман Брык.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Өзбекстандын ойго салган визасы

Москвадагы Өзбекстандын элчилиги.

"Өзбекстанга кириш үчүн туристтик виза ачуу оңой болуп калды" деген кабарды эшиткен мурунку өзбек жарандарынын өз мекенине келүү тууралуу тилеги орундалган жок. Алардын көпчүлүгү - маркум президент Ислам Каримовдун убагында жарандыгынан ажыраган укук коргоочулар, саясатчылар, журналисттер жана алардын жакын туугандары. Убагында башка мамлекеттин жарандыгын алууга мажбур болгондор көп жылдан бери өз өлкөсүнөн алыста жашап жүрүшөт.

Бир ай мурун Өзбекстан 101 мамлекеттин жарандары үчүн өлкөгө кирүүгө электрондук виза жана визасыз жүрүү тартибин киргизген. Президент Шавзат Мирзиеевдин “Өзбекстанга келген чет элдик жарандардын өлкөгө кирүү тартибин жакшыртуу жөнүндө” жарлыгына ылайык, 101 өлкөнүн жарандары электрондук виза үчүн жакын жердеги Өзбекстандын консулдук өкүлчүлүгүнө 20 доллар төлөп коюп, Ташкентке учуп келгенде паспортуна виза койдуруп алып, өлкөдө үч күн бою ээн-эркин жүрө алат.

Расмий Ташкенттин мындай жеңилдиктерин уккан соң Өзбекстандан 12 жыл мурда чыгып кеткен 61 жаштагы Исокжон Закиров мекенине барып келүүгө камынган. Ал төрт жыл мурда АКШнын жарандыгын алган. Бирок ага бул жолу Өзбекстанга кириш үчүн туристтик виза берилген жок.

Исокжон Закиров.
Исокжон Закиров.

- Балким алар мени оппозициянын катарында деп виза бербей жатышат, бирок мен АКШнын жаранымын да. Мен Өзбекстандын жарандыгынан чыгып кеткем. Ташкентке турист катары бир айга эле барайын дегем. Ал жакта калып калуу оюмда да жок. Бирок мага туристик виза бербей жатышпайбы, - дейт Исокжон Закиров.

15 жылдан бери Улуу Британияда жашаган, жер кыртышын изилдеген окумуштуу Ахмад ажы Хорезми да виза ала албагандардын катарында. Ал Лондондогу өзбек консулдугуна туристтик виза сурап кайрылган. Бирок кийинчерээк “Ташкент виза берүүдөн баш тартты” деген жооп уккан.

Ахмад ажы Хорезми.
Ахмад ажы Хорезми.

- Мен тийиштүү документтерди тапшырып коюп, 10 күн жооп күттүм. Андан соң өзүм телефон чалып көрүүнү туура көрдүм. Мага Ташкентте визам каралып жаткандыгын айтышты. Алар "консулдукта болгону почточунун милдетин аткарабыз” дешти. Бир канча күндөн кийин алар паспортумду кайтарып беришти. Ошентип мен Өзбекстанга туристтик виза ала албай калдым, - дейт ал.

Мурунку өзбек жарандарынын арасында виза алуудагы жеңилдиктен пайдаланып, өлкөдө беш күн визасыз жүрүүнү пайдалангысы келгендер да бар.

АКШда ишкерлик кылган 31 жаштагы Бабур Хасан өткөн аптада Москвадан Ташкентке учуп, Өзбекстанда үч күн визасыз жүрүүгө келген. Хасан мекенине келип, өзбек экономикасына 50 млн. доллар инвестиция салсам деген тилеги бар. Бирок өзбек бийлиги аны өлкөгө киргизбей койду.

Бабур Хасан.
Бабур Хасан.

- Мен Ташкентке президенттин жарлыгына ишенип бардым. Өзбекстанда беш күн жүрөйүн деген эмесмин. Үч күн жетет. Ташкенттин аэропортунан чек арачыларга АКШ жараны экенимди тастыктаган паспортту көрсөттүм. Аларга мен транзиттик жүргүнчү экенимди, “Хаят” мейканкасына турарымды, өзбек президентинин жаңы жарлыгы бар экенин түшүндүрдүм. Бирок паспорт текшерген кызматкер мени угуп туруп бир жакка басып кетти. Андан соң “Сизге Өзбекстанга кирүүгө тыюу салынган” деп паспортумду колума беришти.

Бабур Хасан - Өзбекстандагы “Тилектештик” деп аталган оппозициялык кыймылдын жетекчиси Баходир Чориевдин иниси. Чориев да ушул тапта АКШда эмиграцияда жүрөт.

23-майда Өзбекстанга Швецияда жашаган 58 жаштагы качкын Мухиддин Курбановду киргизбей коюшту. Ага Ташкент аэропортунан “президенттин буйругу менен Өзбекстандын жарандыгынан чыкканын” кабарлашкан.

Мухиддин Курбанов.
Мухиддин Курбанов.

- Мага акыркы беш жылда Өзбекстанда болбогонум үчүн жарандыктан ажыратылганымды айтышты. Мен президент Мирзиеевдин “колу канга боелбогондор мекенине кайтып келип, ата-энеси менен жашай берсе болот” деген чакырыгынан улам кайтып барууга бел байлагам, - деди Курбанов.

Өзбекстандын Тышкы иштер министрлиги мурунку өзбек жарандары жарандыктан расмий чыгып, башка өлкөнүн жарандыгын алса, анда туристик визаны тоскоолдуксуз эле алаарын билдирди. Бирок ошол эле учурда өлкөгө кириш үчүн виза берүү же бербей коюу ал виза сураган кишинин жеке өзүнө байланыштуу чечилерин түшүндүрдү.

- Кайсы бир кишиге виза берүүдөн баш тарткан учур биздин эле консулдукта эмес, дүйнөнүн бардык өлкөлөрүнүн тажрыйбасында бар. Керек болсо АКШдагы айрым кишилерге өз өлкөсүнө кирүүгө виза берилбейт, - деди Тышкы иштер министрилигин консулдук башкармалыгынын кызматкери.

Расмий Ташкенттин мурдагы өз жарандарына туристтик виза берүүдөн баш тартып жатканын өзбекстандык журналист, “Центр-1” интернет-басылмасынын башкы редактору Галима Бухарбаева мындайча түшүндүрдү:

- Мындай көрүнүштөн эки жыйынтык чыгарсак болот. Биринчиси, Ислам Каримовдун убагында өлкөдөн куулган же өз каалоосу менен чыгып кеткендер азыркы президент Шавхат Мирзиеевдин душманы бойдон кала бериши мүмкүн. Экинчиси, өлкөдөгү мыйзамдар алар каалагандай иштебей жатышы ыктымал.

Ал эми Париждеги Эл аралык укук коргоо уюмунун башчысы Мутабар Тажибаева президент Мирзиеевге ачык кат жолдоду. Анда ал Каримов 2014-жылы 16-июнда кол койгон “Өзбекстан Республикасынын жарандыгынан ажыратуу жөнүндөгү" мыйзамды жокко чыгарууну өтүнгөн.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Жакишевдин абак ичиндеги азаптуу жолу

Муктар Жакишев

"Казатомпром" компаниясынын экс-президенти Муктар Жакишев шарты катаал делген Семей шаарындагы күчөтүлгөн режимдеги абакка которулду.

Муну анын жактоочулары бозгундагы казак саясатчысы Мухтар Аблязовго каршы көрсөтмө бербей койгону үчүн жазалоо катары карашууда. 14 жылга соттолгон Муктар Жакишевди бир катар уюмдар "саясий туткун" деп тааныган.

“Коррупциялык кылмыштар” айыбы менен 2009-жылы 21-майда кармалып, 14 жылдык абак жазасын өтөп жаткан "Казатомпром" компаниясынын мурдагы президенти Муктар Жакишев Караганды облусунун Долинка аймагындагы түрмөдөн Чыгыш Казакстанга караштуу Семей шаарындагы күчөтүлгөн режимдеги абакка 17-июлда которулду.

Бул колониянын аймагында санитардык шаарча жана медициналык түрмө бар. Бирок абак жайдын өкүлүнүн сөзүнө караганда, Жакишев үчүнчү топтогу майып экенине карабастан, абактын ооруканасында да эмес, санитардык шаарчада да эмес, жалпы тартиптеги зонада эле жазасын өтөп жатат.

Түрмө тармагында иштеген кызматкердин сөзүнө караганда, мурда Жакишев Долинкадагы "укук коргоо органдарынын мурдагы кызматкерлери жана экс-чиновниктер" отурган абакта болчу, ал жабылып жатат жана абактагылар Семейдеги "мурдагы кызматкерлерге" ылайыкташкан күчөтүлгөн колонияга көчүрүлгөн.

Ошол эле маалда андай болсо Жакишев эмне үчүн Алматы облусундагы Заречныйдагы абакка которулган жок деген суроо да чыкты.

Түрмө өкүлүнүн белгилешинче, мурда ал жакта эки күчөтүлгөн режимдеги – бири жалпы, экинчиси "мурдагы кызматкерлерге" арналган абак бар болчу. Азыр "мурдагы кызматкерлерге" ылайыкташкан түрмө жабылып, жалпы түрмө гана калган деген маалымат берилди.

Казакстандык мурдагы аткаминер Муктар Жакишев абактан абакка биринчи жолу которулуп жаткан жок. Мурда ал Алматы облусундагы Заречный түрмөсү менен Карагандыдагы Долинка абагынын ортосунда ары-бери бир канча жолу которулган.

Жакишев 2009-жылы май айында Астанада кармалып, бир жылдан кийин аны 14 жылга күчөтүлгөн абакка кескен өкүм чыккан.

Мурдагы сенат депутаты, оппозициялык саясатчы Заруеш Батталова Жакишевдин бул сапар табияты катаал Чыгыш Казакстандагы абакка которулганын анын камак жазасын оорлотуу катары баалап жатат. Ал муну Жакишевдин 2016-жылы Франциядагы абактан бошоп чыккандан кийин өзүнүн оппозициялык саясий ишмердигин жандандырарын жарыялаган “досу” Муктар Аблязовго байланыштуу тергөө күткөндөй көрсөтмө бербей жатканы менен байланыштырат.

Бийлик бозгундагы казак саясатчысы Муктар Аблязовду “экономикалык кылмышкер” жана “экстремист” катары көрсөтүүдөн тышкары, аны 2004-жылы кастык менен банкир Ержан Тетишевди өлтүрүүнү уюштурган деп шек санап жатат.

Муктар Жакишевдин "Фейсбук" баракчасы.
Муктар Жакишевдин "Фейсбук" баракчасы.

Ошентсе да Жакишевди колониядан колонияга которуунун эч кандай саясий өңүтү жок экенин "Азаттыктын" казак кызматына атын атагысы келбеген түрмө кызматкери билдирди.

Мыйзам боюнча соттолгон адам мөөнөтүнөн мурда бошонуп чыгуу үчүн жазасынын үчтөн эки бөлүгүн өтөөгө тийиш. Жакишев бул мөөнөттү 2018-жылдын сентябрына карата өтөп бүтөт.

5-февралда казакстандык укук коргоочу Бакытжан Төрегожина "Фейсбук" аркылуу Нурсултан Назарбаевди Муктар Жакишевге ырайым берүүгө чакырган катка кол топтоо уюштурган. Аны менен катар саясий туткундун 79 жаштагы апасы Раиса Жакишеванын былтыр президенттен уулуна ырайым берүүсүн сураган катын да жарыялаган болчу. Раиса Жакишеванын каты президенттик администрацияга өткөн жылдын 2-октябрында жеткен. Быйыл 26-мартта Казакстандын президентине караштуу кечирим берүү комиссиясынын отуруму өтүп, бирок Муктар Жакишевге ырайым берүү маселеси каралган жок.

Комиссиянын мүчөсү жана укук коргоочу Жемиш Турмагамбетова "Азаттыкка" ырайым берүү үчүн өтүнүчүн Мухтар Жакишев өзү жазышы керек деп түшүндүргөн. Бирок Казакстандын президентинин жарлыгы менен бекитилген кечирим берүү боюнча комиссия тууралуу жободо “президент айыптоо өкүмү мыйзамдуу күчүнө кирген соттолгон адамдын өтүнүчүнүн негизинде ырайым кылат" жана "президент соттолгон адамга өз ыктыяры менен да ырайым бере алат” деп жазылган.

14 жылга соттолгон Муктар Жакишевди бир катар уюмдар "саясий туткун" деп тааныган.
14 жылга соттолгон Муктар Жакишевди бир катар уюмдар "саясий туткун" деп тааныган.

​55 жаштагы Муктар Жакишевди Чыгыш Казакстандагы абакка которууга байланыштуу анын ден соолугу боюнча да маселе кайрадан талкууга түштү. Ал өнөкөт гипертония дартынан жабыркап келет. Ал абакта отурган тогуз жыл ичинде туугандары, жактоочулары жана эл аралык уюмдар Казакстандын бийлигин “саясий туткун” деп таанылган Муктар Жакишевду бошотууга бир канча ирет чакырган.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Борбор Азияны жөө кыдырган туристтер

Борбор Азияны жөө кыдырган туристтер
please wait

No media source currently available

0:00 0:06:43 0:00

Бишкекте көп кабаттуу үй курчоого алынды

Бишкекте көп кабаттуу үй курчоого алынды
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:20 0:00

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG