"Азаттык плюстун" командасы бул чыгарылышта Үчүнчү Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндарындагы айрым кызыктуу учурларды көрсөтүп берет. Океандын ары жагынан келген америкалык көкбөрүчүлөр, Кырчын жайлоосунда уюштурулган этнобазар, ордолор жана ошондой эле уюштуруу ишине салымы чоң ыктыярчылар - мунун баарын ушул чыгарылышта көрө аласыз.
Айрым туристтер уюштуруу иштеринде башаламандык орун алганына таң калганын жашырышкан эмес.
Тажикстандын түштүгүндө имамдар Лениндин эстелигин калыбына келтиришти.
Казакстанда сот бир кишини химиялык кастрация кылууга уруксат берди. Казакстан химиялык бычууну жыл башында мыйзамдаштырып, бюджеттен 2000 инъекцияга жете турган акча бөлгөн.
Түркияда улуттук акча - лиранын курсу жыл башына салыштырмалуу кескин төмөндөп кетти. Буга эмне себеп? Мындай кырдаал Түркиядагы кыргыз мигранттарынын капчыгын жукарттыбы? "Биз жана дүйнө" берүүсүнүн бул жолку чыгарылышы Түркиядагы валюта кризисине жана мигранттарды азыркы абалына арналды.
Швециянын баш калаасы Стокгольмдо Telia деп аталган телекоммуникациялык ири компаниянын мурдагы үч жетекчисинин соту башталды. Алар Өзбекстандын телекоммуникация рыногуна кирүү үчүн өлкөнүн мурдагы президентинин кызы Гүлнара Каримовага 400 млн. доллардай пара берген деп айыпталып жатышат.
Казакстандын мектептеринде жоолук маселеси кайра көтөрүлдү. Түркстан облусунун Фирдауси айылындагы орто мектепке жоолук салынып келген окуучулар сабакка киргизилген жок.
Москвадагы соттук медэксперттер алдын ала Муратов полициячыга ок атпашы ыктымал деген тыянакка келгенин Рен ТВ кабарлады.
Кыргызстанда 2-сентябрда Үчүнчү Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндары башталды. Фотограф Амос Чапл тарткан ирмемдерди сунуштайбыз.
Сауд Арабиясы ажылыкка келген зыяратчыларды жайгаштыруунун жаңы ыкмасын караштыра баштады.
Түрк тилдүү мамлекеттердин кеңешине кандай реформа керек? Эмне үчүн бул кеңеш гуманитардык жана маданий кызматташтыктын алкагынан чыга албай жатат? Саясий маселелерде уюмдун мүчөлөрү бири-бирин канчалык колдоп кете алат? “Азаттыктын” суроолоруна азербайжандык саясат таануучу Зардушт Ализаде жооп берди.
Өзбекстан 1-сентябрда Эгемендик майрамын белгиледи.
Дагы жүктөңүз