Линктер

ишемби, 20-июль, 2019 Бишкек убактысы 01:21

Борбор Азия

Түркмөнстан тажик вагондорун өткөрбөй жатат

Түркмөнстандан Мары шаарындагы темир жол станциясы.

Тажикстанга жүк алып келе жаткан 100дөн ашык вагон Түркмөнстандан өтө албай турат.

“Азаттык” радиосунун тажик кызматынын колуна тийген, датасы 8-февраль деп көрсөтүлгөн документте Түркмөнбашы, Сарахс, Мары, Талимаржан, Амударыя жана Келифтеги станциялардан 108 вагон өтө албай турганы көрсөтүлгөн.

Вагондорго ар кандай жүк, анын ичинде пахта жана күйүүчү май, мармар таш жүктөлгөн. Ал эми 108 вагондун 29унда алюминий өндүрүшүндө колдонулган кокс бар экени айтылат. 108 - бул 8-февралдагы маалымат, андан бери вагондордун саны дагы өскөнү кабарланууда.

Тажик темир жол башкармалыгы 12-февралда бул көрүнүштү ырастап, түркмөн тарап поезд каттамына эмне үчүн чектөө киргизгени тууралуу түшүндүрмө бере электигин маалымдады.

Ал эми ишкананын Орусияга каттаган кызматкери Жамшед Нуровдун ырасташынча, жүргүнчү поезддер эч тоскоолдуксуз өтүп жатат.

Тажикстандын тышкы иштер министри Сирожиддин Мухриддин "Азаттыктын" тажик кызматынын суроолоруна жооп берип жатып, Тажикстан менен Түркмөнстандын ортосунда стратегиялык өнөктөштүк жөнүндө макулдашуу бар, ага ылайык эки тараптуу кызматташтыкка тоскоолдук түзүлбөшү керектигин белгиледи:

Сирожиддин Мухриддин
Сирожиддин Мухриддин

- Биз Тажикстанга транзит аркылуу келе жаткан жүктөргө чектөө киргизилиши боюнча азыркыга чейин Түркмөнстандан эч кандай түшүндүрмө алган жокпуз. Биз түркмөн кесиптештерибизге ар кандай деңгээлде кайрылып көрдүк. Боордош мамлекеттер ортосунда мындай көйгөй болбошу керек эле. 2017-жылы эки өлкөнүн президенттери стратегиялык өнөктөштүк боюнча келишимге кол коюшкан. Ага ылайык, эки тараптуу кызматташтыкка кандайдыр бир тоскоолдук болбошу зарыл. Биздин өлкөлөр ортосунда тоскоолдук түзүү эмес, тескерисинче, эки тараптуу жардам көрсөтүүгө жана колдоого байланышкан кызматташтык боюнча башка да документтер бар.

Ашхабад 4-февралдан тарта тажикстандык жүк ташуучу автоунааларга да тыюу салып жатканы кабарланды. Түркмөн бийлиги өз аймагынан тажикстандык жүктөрдүн өтүшүнө биринчи жолу гана чектөө киргизген жок.

Былтыр август айында да Ашхабад өз аймагы аркылуу фураларды жана вагондорду өткөрбөй койгон. Анда жүздөгөн тажикстандык оор жүк ташуучу автоунаалар иран-түркмөн чек арасында бир айга чейин турууга мажбур болуп, анын себебин түркмөн бийликтери түшүндүргөн эмес.

Түркмөнстанда токтоп турган тажикстандык оор жүк ташуучу автоунаалар. 6-февраль, 2019-жыл
Түркмөнстанда токтоп турган тажикстандык оор жүк ташуучу автоунаалар. 6-февраль, 2019-жыл

Сентябрда гана Ашхабад фуралар чек арада "коопсуздуктан улам токтотулганын" маалымдаган. Ушундай мазмундагы жооп түркмөн тараптын Тажикстандын Тышкы иштер министрлигине жөнөткөн жообунда камтылган.

“Азаттыктын” түркмөн кызматынын башчысы Фаррух Юсуфий Тажикстанга келе жаткан жүктөрдүн токтотулушун мындайча божомолдойт:

- Түркмөнстан Ооганстанга чейин темир жолу салууну абдан үмүт кылган. Анын бөлүгүн да салып койгон, бирок Тажикстан Өзбекстан менен мамилеси жакшыргандыктан өз аймагындагы бөлүгүн курууга ашыга элек. Мүмкүн себеп ушунда.

Тажикстандын Ашхабаддагы элчилигинен “Азаттыктын” тажик кызматына түркмөн бийлиги кырдаал боюнча али түшүндүрмө бере электигин жана тажик жүктөрүнүн өтүүсүнө расмий эскертүү бербестен эле тыюу салганын билдиришти.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Төө сүтүнүн дарылык касиети

Төө сүтүнүн дарылык касиети
please wait

No media source currently available

0:00 0:29:50 0:00

Казакстан: энелер талап коюшту

Актөбөдө аткаминерлер менен жолугушууга келген көп балалуу аялдар. 11-февраль, 2019-жыл.

Казакстандын бир нече аймагында жүздөгөн аял өткөн аптада Астанада жашоо шартын жакшыртууну талап кылган көп балалуу энелердин катарына кошулду.

Астанада бир үй-бүлөнүн беш кызынын өмүрүн алган өрттөн кийин аялдар мамлекеттен социалдык колдоону жакшыртууну талап кылып жатышат.

Дүйшөмбүдө жүздөн ашык аял Караганды облусунун акиминин орун басары Асхат Аймагамбетов менен жолугушууга келип, өз талаптарын айтты. Энелер коммуналдык төлөмдөргө жеңилдик берүү, көмүр алыш үчүн акча бөлүү боюнча талап коюп, кенге бай аймакта көмүр кымбат экенине нааразылыгын билдиришти.

Жыйында үч жашка толо элек балдарын баккан энелерге жөлөкпул төлөө сунушталды. Казакстандын мыйзамы боюнча бала бир жашка чыкканга чейин гана жөлөкпул берилет. Айрым аялдар көп балалуу энелерге тун балдары 18ге чыккандан кийин жөлөкпул берүү токтоп калганын да билдиришти. Облустун жетекчилиги энелердин талабын жогору жакка жеткирүүгө убада берди.

Ушундай эле жолугушуу Актөбө шаарында да болду. Калаадагы төрт райондо көп балалуу энелерди кабыл алыш үчүн ачык эшик күндөрү уюштурулду. Аткаминерлер аялдарды үч күн бою кабыл алып, арыз-муңун угууга даяр экенин айтышты.

Беш наристенин өмүрүн алган өрт
please wait

No media source currently available

0:00 0:14:33 0:00

"Азаттыктын" кабарчысы Актөбөдө энелер менен жолугушуулардын бирине барганда алыскы айылдардан келгендер да бар экенине күбө болду. Алты баланын энеси Гүлнар Токабаева элетте жашоо оор экенин айтып берди:

- Шаарларда аялдар ыйлактап жатышат, ал эми айылда абал мындан да начар. Мен жолдошумду күнөөлөй албайм. Ал үй-бүлөсүн, балдарын багам деп таң заарда туруп иштөөгө даяр. Бирок анын тапкан акчасы кийим-кечек мындай турсун, тамак-ашка араң жетет. Биз жөлөкпулду бир айга жеткидей көбөйтүп, жеңилдик берүүнү суранып жатабыз. Мен 200 чакырым алыстагы Жарөткөл айылынан аялдардын үнүн жеткириш үчүн келдим.

Акимчиликтин берген маалыматына караганда, Актөбөдө аз камсыз болгон 995 үй-бүлө каттоого алынган. Аларга былтыр 169 миллион теңгелик социалдык жардам көрсөтүлгөн. Бирок жергиликтүү активист Бакыт Жаншаева чындыгында Актөбөдө мамлекеттин жардамына муктаж үй-бүлөлөр көп деп эсептейт. Анын айтымында, көп балалуу үй-бүлөлөрдүн басымдуу бөлүгү турак жай маселеси чечилсе деп үмүт артып турат.

Бийлик өкүлдөрү нааразы тарап менен жолугушууда айтылган сунуш-пикирлер каралып чыгып, муктаж үй-бүлөлөргө көмөк көрсөтүлөт деп убада беришүүдө. Жөлөкпулга байланыштуу билдирүүсүнөн кийин казак коомчулугунда сынга кабылган эмгек жана социалдык коргоо министри Мадина Абылкасымова 12-февралда журналисттерге айтылган талаптар эске алына турганын маалымдады:

- Азыр биз жергиликтүү аткаруу бийлиги менен бирге түшкөн сунуштарды жыйнап атабыз. Көп балалуу энелер жергиликтүү бийликке эле эмес, биздин министрликке да келип атышат.

Казакстанда көп балалуу энелер менен жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн жолугушуусу Караганда менен Актөбөдөн тышкары Чымкент, Кызылордо, Алматы жана Астана шаарларында да өттү. Эң масштабдуу жыйын 6-февралда башкалаа Астанада болгон. Анын катышуучулары шаар акиминин орун басары менен кездешүүдө жөлөкпулду көбөйтүүнү, көп балалуу үй-бүлөлөрдү турак жай менен камсыз кылууну, эмгек жана социалдык коргоо министри Мадина Абылкасымованы кызматтан алууну талап кылышкан.

Негизи Казакстанда энелердин нааразылыгы быйыл январда министрдин "төрт балалуу үй-бүлөгө 30 доллар өлчөмүндөгү жөлөкпул жетиштүү" деген билдирүүсүнөн кийин башталган. Буга 4-февралга караган түнү Астанада жер үйдөн чыккан өрттөн ата-энеси жумушта болгон учурда беш бир тууган кыздын каза тапканы да кошул-ташыл болду.

Казакстанда төрт же андан көп чүрпөсү бар үй-бүлө көп балалуу деп эсептелет. Алтыдан көп бала төрөгөндөргө атайын төш белги ыйгарылып, аларга жөлөкпул да төлөнөт.

Былтыр үй-бүлөнүн кирешеси киши башына 37 долларга жетсе, канча балалуу экенине карабастан, жөлөкпул төлөнбөй калган.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Эгизбаев атындагы алгачкы сыйлык тапшырылды

Сыйлык тапшыруу аземинин катышуучулары.

Журналисттик иликтөөлөр фонду уюштурган Уланбек Эгизбаев атындагы жыл сайын ыйгарылуучу сыйлыктын быйылкы жеңүүчүсү аныкталды. Фонддун Байкоочу кеңешинин чечимине ылайык бул сыйлык «Азаттыктын» Ош облусундагы кабарчысы Ыдырыс Исаковго ыйгарылды.

Журналисттик иликтөөлөр фондунун Уланбек Эгизбаев атындагы башкы сыйлыгын «Азаттыкта» жарыяланган үч иликтөөсү менен жеңип алган «Азаттыктын» Ош облусундагы кабарчысы Ыдырыс Исаковго атайын статуэтка, диплом жана 100 миң сом берилди. Башкы сыйлыкты Уланбек Эгизбаевдин апасы Жыпаргүл Сариева тапшырды. Ал уулунун ишин улантууга ынтызар болгон кесиптештерине ыраазычылык билдирип, Кыргызстандагы коррупцияга каршы күрөшүүдө, мамлекеттик органдардагы чириген системаны оңдоодо журналисттердин ролу маанилүү экенин белгиледи:

Жыпаргүл Сариева.
Жыпаргүл Сариева.

- Силер баламды баалап, Уландын эмгеги өчпөс экенин билдирип жатасыздар. «Уландан кутулдук, Уланды жок кылдык» деген жемкорлор, коррупционерлер жаңылышат. Улан өлгөн жок, Уланым өлгөн жок. Силер барда анын иши улана берет.

Байкоочу кеңештин тандоосунун негизинде башкы сыйлыктан тышкары «Үмүт» атайын сыйлыгы «Kaktus.media» сайтына жарыяланган журналисттик беш иликтөөсү үчүн Марина Сколышевага, «Умтулуу» атайын сыйлыгы «Youtube» каналына жарыяланган «Бишкектин алтын көчөттөрү» («Золотые саженцы Бишкека») иликтөөсү үчүн Адил Турдукуловго жана «Общественный рейтинг» гезитине жарыяланган «Бишкектин жолдорун оңдоодогу мыйзам бузуу» («Нарушения в ходе реконструкции столичных дорог») иликтөөсү үчүн Эрик Исраиловго ыйгарылды. Мындан тышкары, кызыктыруучу сыйлык «Radar.kg» маалымат агенттигине жарыяланган Карачач Шакировага «Ош базары. Эт» («Ошский рынок. Мясо») деген иликтөөсү үчүн берилди.

Кыргызстандагы иликтөө журналистикасын өнүктүрүүгө багытталган сынак былтыр декабрда жарыяланган. Ага 2018-жылдын 1-январынан 31-декабрына чейин чыккан 30дан ашуун иш келип түшкөн. Журналисттик иликтөөлөр фондунун Байкоочу кеңешинин төрагасы Султан Каназаров жеңүүчүлөрдү тандоонун критерийлерине токтолду:

Султан Каназаров.
Султан Каназаров.

- Аймакта туруп видео даярдап, квартал сайын бирден резонанс жараткан иликтөө жүргүздү. Анын иликтөөлөрүнөн кийинки коомдогу реакцияны эске алдык. Журналистика менен көрөрмандын байланышы күчөдү. Ошолорду эске алып Ыдырыска бердик. Анан «Уланбек Эгизбаев «Азаттыктын» журналисти болсо, кайра «Азаттыкка» берип коебузбу?» дегендер да болду. Талаш-тартыш менен чечилди.

Башкы сыйлыкка татыктуу журналист Ыдырыс Исаковдун эмгектеринин ичинен 2018-жылдын сентябрь айында даярдаган «Бандиттер байырлаган Ош» аттуу иликтөөсү резонанстуу иштердин бири болгон. Анда Ош облусунда ишкерлерди карактаган спортчулардын чоо-жайы тууралуу сөз болот. Бул көйгөй көмүскөдө кеп болуп, бирок ачык айтылбай жүргөн темалардын бири болгон. Автор Кыргызстандагы журналисттерди иликтөө жүргүзүүгө чакырды:

Ыдырыс Исаков.
Ыдырыс Исаков.

- Беш жыл журналистикада жүрүп, анан иликтөөгө келип, Уландын деңгээлине жетүү кыйын болуп атат. Аны көрөрмандар билип, айтып жатышат. Бул мыйзам ченемдүү, анткени анын деңгээлине жетиш кыйын. Азыр аракет кылып атабыз. Бирок, Кыргызстанга иликтөө абадай керек болуп турат.

Сынактын жеңүүчүлөрүнүн дагы бири, жарандык активист Адил Турдукулов өлкөдө журналисттик иликтөө жанры жаңыдан телчигип келе жатат деп эсептейт. Анын пикиринде, бул жанрдын туруктуу өнүгүшүнө ушул сыяктуу фондордун түзүлүшү чоң роль ойнойт. Бирок фонд сынак, грант берүү менен гана чектелбестен, кабарчылардын билимин өркүндөтүү, чет өлкөлөргө тажрыйба алмашууга жөнөтүү сыяктуу иштерди колго алышы керек.

Адил Турдукулов.
Адил Турдукулов.

- Кыргызстанда көз карандысыз журналисттик иликтөөгө багытталган продакшн студия болсо дейт элем, - деди ал. - Бизде көптөгөн массалык маалымат каражаттары бар. Бирок, алар кайсы бир саясатка байланып турат. Ошондуктан көз каранды эмес иликтөө жүргүзгөн студия болсо жакшы болмок.

Сыйлык тапшыруу аземи Бишкек гуманитардык университетинде өттү. Иш-чара өтүүчү залда Уланбек Эгизбаевдин сүрөттөрү илинип, журналист жөнүндө чакан тасма да көрсөтүлдү. Иш-чарага коомдук-саясий, журналисттик чөйрөнүн өкүлдөрү, Уланбек Эгизбаевдин жакындары, кесиптештери, студенттер чакырылган.

- Мен башка тармакка өтсөмбү деп ойлонуп жүргөм. Бүгүнкү иш-чараны көрүп отуруп, жөн эле журналист эмес, мыкты журналист болуш керек экен деп калдым. Менимче залдагы баарында эле ушундай ой пайда болуп калды. Анткени таасирдүү болду, - деди студент Аваз Жумабаев.

«Азаттыктын» иликтөөчү журналисти Уланбек Эгизбаевдин элесине арналган Журналисттик иликтөөлөр фонду былтыр 14-сентябрда ишке киришкен. Фонд Кыргызстандагы иликтөө журналистикасын өнүктүрүү, коомдогу коррупциялык жана мыйзамсыз көрүнүштөрдү ашкере кылган демилгелерди колдоо жаатында иш жүргүзөт. Уюм иликтөөчү журналисттерге ыйгарылчу Уланбек Эгизбаев атындагы журналисттик иликтөө сыйлыгын негиздеген. Ал жыл сайын Эгизбаевдин туулган күнү - 12-февралда тапшырылат.

Уланбек Эгизбаев былтыр 22-июлда Ысык-Көлдө көз жумган. Ички иштер министрлиги соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгына таянып, журналист сууга чөгүп каза болгонун жарыялаган.

Эгизбаевдин сыйлыгы ээсин тапты
please wait

No media source currently available

0:00 0:07:12 0:00

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Грессел: Орусия "Талибанды" пайдаланууну көздөйт

Берлиндеги «Эл аралык алакалар боюнча Европа кеңеши» аттуу талдоо борборунун эксперти Густав Грессел.

Ушул тапта Ооганстанда 18 жылга аяк баскан согушту басыш үчүн «Талибан» кыймылы менен сүйлөшүүлөр ургаалдуу жүрүп жатат.

Өткөн аптада Москвада «Талибан» кыймылы менен экс-президент Хамид Карзай баштаган ооган коомчулугунун делегациясынын сүйлөшүүсү эки күнгө созулду.

Андан мурда Вашингтондун делегациясы менен талибдердин өкүлдөрү Катарда жолугуп, алты күн бою сүйлөшүү жүргүзүшкөн.

Берлиндеги «Эл аралык алакалар боюнча Европа кеңеши» аттуу талдоо борборунун эксперти Густав Грессел «Азаттыктын» суроолоруна жооп берди.

«Азаттык»: - Густав мырза, ушул тапта «Талибан» кыймылы менен тынчтык келишимин түзүш үчүн сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Андагы Москва менен Вашингтондун ролун кандай баалайсыз?

Густав Грессел: - Орусия «Талибан» кыймылы менен сүйлөшүүлөрдү илгери сүрөп жатат. Москва америкалыктар ооган жергесинен чыгып кеткенден кийин ошол орунду басып калгысы келет. Акыркы окуяларга назар салсак, америкалыктар чыгып кетчүдөй болуп калды.

Бир жагынан бул орустарга Борбор Азияда өз таасирин арттырып, позициясын бекемдөөгө мүмкүнчүлүк берет. Экинчи жагынан орустарга мүнөздүү болгондой, постсоветтик аймакта өзүнүн аскер күчтөрүн жайгаштыруу максатын ишке ашырат. Орусиянын башкы көздөгөнү ушулар эмеспи.

«Азаттык»: - Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров Бишкектеги басма сөз жыйынында «америкалыктар тынчтык сүйлөшүүлөрүн менчиктеп алгысы келет» деп айтты. Сүйлөшүүлөр жанданган сайын Вашингтон менен Москванын атаандаштыгы дагы күчөдүбү?

"Талибандын" аскерлери, Ооганстан.
"Талибандын" аскерлери, Ооганстан.

Густав Грессел: - АКШнын президенти Трамп мүмкүн болушунча эртерээк ооган жергесинен жоокерлерин чыгарып кетүү аракетинде. Америкалыктардын аскердик жетекчилиги болсо Ооганстанда дагы калууну туура көрөт, анткени согуш бүтө элек, «Талибан» кыймылына ишенич жок.

Бул эми Вашингтондогу ички талаш-тартыш. Бирок кандай болгон күндө да америкалыктар чыгып кетээрден мурда бардык тарапты канааттандыра турган шарт түзүлөт го. Мен жеке өзүм «Талибандын» бийлигине ишене албайм.

Орусиянын эң башкы көздөгөнү – америкалыктардын ооган жергесинен чыгып кетиши. Андыктан ал талибдерди жакындан колдоп, сүйлөшүүлөргө аралашып, алардын көз карашына таасир этип, америкалыктардын толук чыгып кетишин талап кылууга шыкак берип жатат. Орустар Ооганстанда чектелген сандагы америкалыктар калгандан көрө өлкөнү талибдер толук колуна алышын артык көрүшөт.

АКШнын аскердик жетекчилиги менен тышкы иштер мекемеси Ооганстанда аз санда болсо да өз контингентин калтыргысы келет. Бул Орусиянын стратегиясынын биринчи багыты.

Экинчи маанилүү нерсе – Орусия «Талибан» кыймылы кандай бийлик жүргүзөрүн, анын исламчыл радикализмге негизделген идеялогиясы коңшуларга кандай коркунуч жаратарын билет. Мына азыр орустар ушулардын баарын салмактап туруп, америкалыктардын толук чыгып кетишине жетишүүнүн аракетинде.

«Талибан» Ооганстанда бийликти колуна алган соң Москва Борбор Азия өлкөлөрүнө таасирин күчөтүп, аскер күчтөрүн көбөйтүп, «ооган тараптан келген коркунучка каршы күрөшүү» деген жүйө менен чек араларды кайтарууга кызуу көмөктөшө баштайт. Москва буга чейин жарым-жартылай жасаган ишин күчөтөт.

«Азаттык»: - Вашингтондун позициясы кандай? Америкалыктар согушту бүтүрүп эле Ооганстан чыгып кетүүнү көздөп турабы?

Густав Грессел: - Кошмо Штаттар бул маселеге келгенде ич ара бөлүнүп калды. Анткени президент Трамп бирди кааласа, дипломаттары менен аскердик мекемелери башканы көздөйт. Бирок акыры барып Трампка баш ийишет, анткени ал мамлекеттин башчысы.

Вашингтон ушул тапта жок дегенде «Талибан» кыймылынын жоочулары менен ооган армиясынын ортосундагы ок атышууну токтоткусу келет. Азыр ооган өкмөтү өлкөнүн бир бөлүгүн башкарса, башка тарабы талибдердин көзөмөлүндө турат.

Вашингтондун максаты - «Талибандын» Перс булуңундагы өлкөлөрдөн барган исламчыл топторго баш калка берип, келечекте «Ал-Каида» жана «Ислам мамлекети» террордук тобунун машыктыруучу борборуна айланышына жол бербөөгө жетишүү.

Америкалыктардын дагы бир көздөгөнү - тынчтык келишимине жетишилгенден кийин азыркы ооган өкмөтү менен талибдер бийликти бөлүштүрүп, уруу башчыларын да мамлекеттик башкарууга аралаштырууга жетишүү.

«Азаттык»: - Вашингтон чектелген сандагы аскерин калтырууга кызыкдар болсо, талибдер алардын толук чыгып кетишин талап кылып жатат. Мындай жагдайда макулдашуу мүмкүнбү?

Вашингтондун позициясы канчалык солгун болсо, орустар ошончолук «Талибандын» картасын чаап, ооган согушун басууга умтулат.
Густан Грессел.

Густав Грессел: - Бул албетте, орустар үчүн жакшы жаңылык. Вашингтондун позициясы канчалык солгун болсо, орустар ошончолук «Талибандын» картасын чаап, ооган согушун басууга умтулат. Москва үчүн, мен жогоруда айткандай, ооган жергесинен америкалыктардын толук чыгып кеткени максатка ылайык.

Андыктан Кремль болгон дипломатиялык жана аскердик каналдары аркылуу америкалыктарды сүрүп чыгарууга жан үрөп жатат. Москва үчүн аймактагы туруктуулук эмес, ушул башкы маселе эмеспи. Биз муну эстен чыгарбашыбыз керек.

«Азаттык»: - Сиз жогоруда айткандай, сценарий ишке ашса, ооган согушунун жеңүүчүсү ким, жеңилгени ким болмокчу?

Густав Грессел: - Албетте, «Талибан» утат. Анткени алар кайра бийликти колуна алып, өлкөнү башкарат. Орусия утат, анткени алар америкалыктарды Ооганстандан толук чыгарууга жетишет. Ал эми аймакта кандай кырдаал түзүлөт? Бул суроого азырынча жооп жок.

«Талибан» бийликке келген соң 2001-жылдагыдай аёосуз фундаменталисттик режим кайра өкүм сүрбөйбү? Согуштун айынан өз мекенинен бозгон оогандардын аягы тыйыла элек.

Талибдердин бийлиги орносо ооган коомунда улуттук, уруулук, аймактык ажырым күчөйт. 2001-жылы америкалыктар Ооганстанга кире электе эле бул өлкөдө согуш жүрүп жаткан.

Ооганстандын келечеги – апийим гүлдөгөн өлкөгө айланат. Мунун коңшу өлкөлөргө коркунучу да, кесепети да оор болот.

«Азаттык»: - Дал ушул суроону берейин деп турам. Сиз айткан сценарий ишке ашса, анын Борбор Азия чөлкөмүнө таасири кандай болушу мүмкүн?

Густав Грессел: - Биринчеден, ооган качкындары жана маңзат аткезчилиги көбөйөт. Анткени «Талибанга» кандайдыр бир жол менен акча табуу керек. Өзүңөр билгендей, Ооганстанда өндүрүш же лыжа тебүү сыяктуу акча түшкөн жайлар жок.

Ошондой эле кырдаалга Сирия менен Ирак канчалык аралашат? Сауд Арабиясында, Иракта, Араб Эмираттарында акчалуу, таасирдүү, консервативдүү топтор бар, алардын колунда каражат жана колдогон күчтөрү турат.

Эгер ошол күчтөрдү Ирак менен Сирия сүрүп чыгарса, алар кайда барат? «Талибан» режими андай акчалуу, таасирдүү топтор менен ымала түзөбү же жокпу? Ошондой эле «Талибан» тышкы дүйнө менен кандай алака-байланыш түзөт деген суроо турат.

«Азаттык»: - Бул Борбор Азия өлкөлөрүнүн коопсуздугуна кандай таасир этет? Чөлкөмдөгү мамлекеттердин армиялары алардын экономикасындай эле алсыз экени эч кимге жашыруун эмес го...

Борбор Азиядагы өлкөлөрдүн позициясынан алып караганда, орустардын жигердүү аралаша башташы бери дегенде оңтойсуздук жаратат. Айрыкча 2014-жылкы Украинадагы окуялардан кийин Орусияга гана ишеним артып, Москвага таянуунун өзү кооптуу болуп калды.
Густав Грессел.

Густав Грессел: - Албетте, бул өлкөлөрдүн армиялары өлкөнү сырткы коркунучтан коргоого жөндөмсүз экени айкын.

Чөлкөмдөгү мамлекеттердин армиясы чек араны эмес, баш калааларында отурган саясий режимдерди коргоого гана кудурети жетет.

Чындыгында Ооганстан менен чек ара миңдеген чакырымга созулат. Коңшу өлкөлөрдүн аймагын тепчип, тоо-ташты камтыган чек араны кайтаруу оор милдет. Ушул тапта Орусия бул чөлкөмдө коопсуздуктун кепилдиги сыяктуу саясат жүргүзүп жатат.

Келечекте «радикалдык исламчыл идеялогияга каршы туруу» деген жүйө менен орустар аскерлеринин жана атайын кызматтарынын контингентин кеңейтет.

Ал эми Борбор Азиядагы өлкөлөрдүн позициясынан алып караганда, орустардын жигердүү аралаша башташы бери дегенде оңтойсуздук жаратат. Айрыкча 2014-жылкы Украинадагы окуялардан кийин Орусияга гана ишеним артып, Москвага таянуунун өзү кооптуу болуп калды.

Андыктан бул өлкөлөр эртеби-кечпи Орусияга гана эмес, Кытайга да бирдей ишеним арта баштаса туура болор эле деп ойлойм. Кытай бул чөлкөмгө экономикалык гана колдоо көрсөтпөстөн, терроризмге, баңгизат аткезчилигине каршы күрөштө жана ыкчам чалгын иштерин жүргүзүүдө кызматташтыгын күчөтүүгө кудурети жетет.

Ошондо гана бул мамлекеттер Орусия менен Кытайдын ортосунда кандайыр бир тең салмактуулукту сактап, Москва менен Бээжиндин тилин бирдей тапмак.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Кытай казагы дүйнө коомчулугунан жардам сурады

Галымбек Шагымандын паспорту.

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевге жана эл аралык коомчулукка кайрылып, өзүн Кытайга кайтарбоону өтүнгөн шинжаңдык казак Галымбек Шагыман Таиландда экени кабарланууда.

Өзбекстандын Тышкы иштер министрлигинин расмий сайтында жарыяланган маалыматта Галымбек Шагыман Казакстандан Ташкент эл аралык аэропортуна келип, бирок транзиттик аймакта кармалып, 9-февралда Баңкокко учуп кеткени айтылат. Азыр анын так кайсы жерде экени белгисиз.

Ташкент эл аралык аэропорту.
Ташкент эл аралык аэропорту.

​Кытайлык казак Галымбек Шагыман өткөн аптада Ташкент аэропортунан Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевге интернет аркылуу видео кайрылуу жолдоп, өзүн экстрадициялоо тууралуу Кытайдын өтүнүчүн четке кагууну суранган. Кытайда ал өлүм жазасына тартылышы мүмкүн экенин айткан.

- Баарыбыз түрк элдерибиз го. Мага жардам бериңизчи. Мени Кытайдын колуна кармата көрбөңүз. Сиз демократияны колдоого убада берген адамсыз. Өз сөзүңүзгө турасыз деп ишенем.

Шинжаңдын 41 жаштагы тургуну Галымбек Шагыман АКШ, Германия, Британия жана Канаданын бийлигине да кайрылып, аны экстрадициялоого жол бербөөгө чакырган. Ал Кытайда буга чейин кысымга кабылганын эске салды. Мындан тышкары, Кытайдын Өзбекстандагы элчилигинин кызматкерлери аны аэропорттун аймагынан алып чыгууга аракеттенгенин, бирок ал имараттан чыгуудан баш тартканын да белгилеген.

Аэропортто камалып калган Шагымандын кайрылуусун казакстандык активисттер тараткандан кийин маселеге чет элдик басылмалар менен укук коргоочулардын көңүлү бурулду.

АКШнын Кытайдагы элчилиги 11-февралда Шагымандын тагдырына кооптонуп, анын эл аралык коомчулукка кайрылуусуна көз салып жатканын билдирди. Элчиликтин басма сөз катчысы "Ассошиэйтед Пресс" агенттигине Галымбек Шагымандын ишине байланыштуу БУУнун Качкындар боюнча жогорку комиссарлыгы менен тыгыз байланышта иштеп жатканын маалымдаган.

"Human Rights Watch" укук коргоо уюмунун Борбор Азия боюнча эксперти Стив Свердлоу Галымбек Шагыманды Кытайга өткөрүп берүү - аны "тунгуюкка түртүүгө" барабар деген пикирин билдирген:

Стив Свердлоу
Стив Свердлоу

- Эл аралык укуктун эрежелерине ылайык, Өзбекстандын милдеттери да бар. Эгерде ал аэропорттун транзиттик аймагында болсо, аны өлүм жазасы же кыйноо күтүп жаткан өлкөгө өткөрүп бербеш керек.

Өзбекстандын Тышкы иштер министрлиги 9-февралда Шагыман Баңкокко учуп кеткенин жарыялады. Өзбек бийлиги Шагыман буга чейин Таиланддан Ташкент аркылуу Алматыга учканын билдирип, бирок толук маалымат берген жок. Казакстандык басылмалар Шагыман Казакстанга белгисиз себеп менен кире албай, кайра Ташкентке кайтууга мажбур болгонун жазып чыгышты.

Шагымандын кайда экени азырынча белгисиз. Журналисттер БУУнун Качкындар комиссарлыгынын Таиланддагы өкүлчүлүгү менен байланышканда, алар иштин купуялуулугуна шилтеп, маалымат берүүдөн баш тартышты.

Кытайдагы "тарбиялоочу лагерлер" чуусу

Эл аралык укук коргоо уюмдары, батыш өлкөлөрү жана БУУ Кытайдын Шинжаң уйгур-автоном районунда ислам динин туткан улуттук азчылык өкүлдөрү куугунтукталып, камалып жатканын билдирип келишет.

Былтыр августта Бириккен улуттар уюму Шинжаңдагы "саясий тарбиялоочу лагерлерде" мусулман динин туткан миллионго жакын киши кармалып турганын жарыялаган. Кытай бул жайлар "түрмө" деген маалыматтарды четке кагып, аларды "билим берүү, агартуу" борборлору катары мүнөздөгөн. Мындай борборлор аркылуу "улуттук азчылыктарды интеграциялап, экстремизм жана террорчулукка каршы күрөшүп жатабыз" деген жооп кайтарган.​

Кытайда уйгурлар менен кошо кыргыз-казактардын да укугу бузулуп жатканы, алар саясий лагерлерде негизсиз кармалып турганы тууралуу кабарлардын тарай баштаганына эки жылдын жүзү болду. Былтыр жыл соңунда Кыргызстанда жашап жаткан бир катар шинжаңдык кыргыздар да өлкө бийлигинен Кытайда кармалып турган жакындарын бошотууга көмөктөшүүнү өтүнүшкөн. Алар акыйкатчы институтуна да кайрылышкан.

Кыргызстандын акыйкатчысы Токон Мамытов "Азаттыкка" "тарбиялоочу лагерлерде" кармалган кыргызстандыктар тууралуу кабар такталбаганын айтты:

Токон Мамытов.
Токон Мамытов.

- Тиги тарап текшерип, баштапкы маалыматты берди. Ал жерде көрсөтүлгөн бир топ фактылар далилденген жок. Чындыкка жатпай калды. Өзүңөр билесиңер, жаңы жылдын алдында - 28-декабрда Кытайдын Тышкы иштер министрлиги он эки мамлекеттин дипломаттарын алып, биздин кыргыздар айткан жайларды кыдырып, көрсөткөндө такталбай калбадыбы. Ошого карабай биз дагы бир текшерип, карап берүүнү өтүндүк. Азыр Кытай тарап менен бирге иш жүрүп жатат. Ушул айдын аягында толук жооп алабыз деп ойлойм.

Бишкекте негизделген “Кытайдагы кыргыздарды колдоо” комитетинин маалыматына караганда, Кытайда кыргыз улутундагы 50 миңдей жаран камакта. Былтыр 28-30-декабрда 12 өлкөнүн дипломаттары (Кыргызстан, Казакстан, Орусия, Тажикстан, Өзбекстан, Ооганстан, Индия, Индонезия, Кувейт, Малайзия, Пакистан, Таиланд) Шинжаңдын Үрүмчү, Кашкар жана Хотан аймактарындагы тарбиялоочу лагерлерди көрүп чыгышкан.

Расмий Бишкек Шинжаңга Кыргызстандын Кытайдагы элчилигинин өкүлү да барганын ырастаган, бирок жабык жайларда канча кыргызга жолукканы, алардын абалы тууралуу маалымат берген эмес.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

“Коопсуз шаарга” кадам ташталды

“Коопсуз шаарга” кадам ташталды
please wait

No media source currently available

0:00 0:07:18 0:00

Рустам: Бут кийимди оңдош үчүн да шык керек

Рустам: Бут кийимди оңдош үчүн да шык керек
please wait

No media source currently available

0:00 0:10:42 0:00

Апта: Орусиянын базасы, "Талибандын" талабы

"Талибан" кыймылынын өкүлдөрү Москвадагы сүйлөшүүдө, 5-февраль, 2019-жыл.

Узап бараткан апта ичиндеги урунттуу окуяларга сереп.

3-4-февраль күндөрү Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров Кыргызстанга расмий иш сапары менен келди. Бишкек - Москва ортосундагы алакалар талкууланып, "Орусия Кыргызстандын аймагында экинчи аскер базасын ачабы?” деген маселе кайрадан козголду.

Министр Лавров жолугушуулардын соңунда уюшулган басма сөз жыйынында “бул маселе талкууланган жок” – дегени менен ​Бишкектен "расмий түрдө кандайдыр бир сунуш ала элекпиз"- деп, кептин нугун кыргыз тарапка бурду.

Ага чейин Москванын башкы дипломаты Кыргыз-Орус (Славян) университетинде студенттер менен жолугушууда "эгер Бишкек демилге көтөрсө, ​кыргызстандык досторубуз менен алардын идеяларын талкуулаганга даярбыз", - деп айткан.

Сергей Лавров жана Чыңгыз Айдарбеков, 4-февраль, 2019-жыл.
Сергей Лавров жана Чыңгыз Айдарбеков, 4-февраль, 2019-жыл.

Ал эми Кыргызстандын тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков "Бул маселе бүгүн көтөрүлгөн жок, - деди. - Кыргыз Республикасынын президенти Сооронбай Жээнбеков жакында эле басма сөз жыйынында бул боюнча так билдирүү жасаган".

Жээнбеков былтыр жыл аягында «Кыргызстанда Орусиянын бир эле аскердик базасы жетиштүү» деген пикирин айткан эле.

Кыргызстандын аймагында экинчи аскердик базаны ачуу боюнча талкуулар өткөн аптада Кыргызстандын Орусиядагы жаңы дайындалган элчиси Аликбек Жекшенкуловдун Москвадагы ТАСС агенттиги менен болгон маегинен башталган. Анда элчи расмий Бишкек Кыргызстанда Орусиянын экинчи аскердик базасын ачууну четке какпай турганын жана бул маселе Владимир Путиндин марттагы сапарында талкууланышы мүмкүн экенин билдирген эле. Ушундан тартып жергиликтүү маалымат каражаттарында Жекшенкуловдун билдирүүсү Москванын "таасирин күчөтүү аракети" катары кабыл алынып, ар кыл пикирлерди жараткан болчу.

Коомчулуктун мындай маанайын байкаган Аликбек Жекшенкулов өз билдирүүсү бурмаланып, жаңылыш чечмеленип жатканын айтты:

Аликбек Жекшенкулов.
Аликбек Жекшенкулов.

- Ал жерде эки өлкөнүн президенттери ушул маселени талкуулашы мүмкүн экендиги айтылган. Ошол эле. Эми бүгүн Ооганстанда абал курчуп баратканын билесиңер. Биздин түштүк аймактар Ооганстанга жакын эмеспи, ал жакта коопсуздук чараларын камсыз кылуу иретинде талкуу болушу мүмкүн. Балким талкуулабай калышы да мүмкүн.

Базанын айланасындагы акыркы кырдаалды эске алуу менен айрым эксперттер Москва «бул боюнча Бишкек тарап өзү демилге көтөрдү» деген чечмелөөгө кызыкчылыгы бар экенин айтышууда.

Былтыр жайда Орусиянын Мамлекеттик Думасынын коргоо комитетинин төрагасынын орун басары Виктор Заварзин Канттагы аскердик аба базасын "уникалдуу" деп сыпаттап, Орусия “бул базанын компоненттерин күчтөндүрүп, кеңейткиси келерин, ал өлкөнүн түштүгүн да камтый турганын” айткан.

Буга чейин орус президенти Владимир Путин Москва Кыргызстандын ички саясатына аскердик жактан киришпей турганын айтып, Канттагы база кыргыз бийлигинин өтүнүчү менен жайгаштырылганын билдирген.

Министр Лавровдун Борбор Азияга өлкөлөрүнө бул жолку сапары Ооганстанда тынчтык орнотуу боюнча сүйлөшүүлөр кызуу жүрүп жаткан маалда болду. Айрым эксперттер Ооганстандан чет элдик күчтөр чыгып кетсе чөлкөмдөгү коопсуздукка коркунуч күчөйт, андыктан база ачуу маселеси күн тартибине чыгарын белгилешет. Тышкы иштер министринин мурдагы орун басары Аскар Бешимовдин пикиринде, чөлкөмдөгү коопсуздукту сактоо милдети жалпы аймактык уюмдарга жүктөлгөн.

Кыргызстанда Орусиянын бир нече аскердик объектиси бар. Алардын эң чоңу - Канттагы аскер-аба базасы. 2012-жылы Орусиянын өлкөдөгү аскердик жайлары бирдиктүү аскер-аба базасына бириктирилген. Ага Канттагы аскер-аба майданы, Ысык-Көлдүн Койсары жана Кара-Булуң аймагындагы сыноо полигону, Чалдыбардагы байланыш түйүнү жана Майлуу-Суудагы сейсмикалык борбор кирет.

2017-жылы Москва менен Бишкек орустардын аскердик базасын 15 жылга калтырып, аны ар беш жыл сайын автоматтык түрдө узартып турууга макулдашкан. Канттагы аба базасындагы контингенттин саны айтылбайт. База Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун (ЖККУ) компоненти деп саналгандыктан, Кыргызстанга акча төлөбөйт. Болгону ижара акысы үчүн жылына 4,5 млн. доллар төлөм белгиленген.

2014-жылы Кыргызстандан чыгарылган АКШнын "Манастагы" транзиттик борбору жылына кыргыз өкмөтүнө 60 миллион доллар төлөп турчу.

Ооганстан: Москва менен Вашингтондун "атаандаштыгы"

Москвада “Талибан” кыймылы менен экс-президент Хамид Карзай баштаган ооган коомчулугунун өкүлдөрү кирген делегациянын сүйлөшүүсү эки күнгө созулду. Эки апта мурун Вашингтондун делегациясы менен талибдердин өкүлдөрү Катарда жолугуп, алты күн сүйлөшүү жүргүзгөн.

5-6-февралда Москванын “Президент-отел” мейманканасында “Талибан” кыймылы менен экс-президент Хамид Карзай баштаган ооган коомунун өкүлдөрү кирген делегация жолугуп, бетме-бет отуруп сүйлөштү. Негизинен эки маселе: америкалык күчтөрдү ооган жергесинен чыгаруу жана өлкөнүн Конституциясына киргизилчү өзгөртүүлөр талкууланды.

Хамид Карзай, 5-февраль, 2019-жыл.
Хамид Карзай, 5-февраль, 2019-жыл.

Куралдуу кыймыл мындан 20 жыл мурун исламчыл радикализмдин жана терроризмдин очогу саналып, алардын бийлиги талоончулук менен диний экстремизмдин символундай сезилчү.

Эми болсо “Талибан” ооган согушун токтотуу үчүн тынчтык сүйлөшүүлөрүнүн теңата катышуучусу. Москвадагы эки күндүк жолугушуудан Кремль өзүн оолак кармап, мындай жооптуу иш-чараны уюштуруу милдетин ооган диаспорасына жүктөдү. Адистер белгилегендей, мындай маанидеги жолугушуу Кремлдин макулдугусуз өтмөк эмес.

Тышкы иштер министри Сергей Лавров 4-февралда Бишкектеги басма сөз жыйынында америкалыктар тынчтык сүйлөшүүлөрүн “өз карамагына алуунун аракетинде” деп сындады.

"Айрым өлкөлөр, атап айтканда АКШ бул сүйлөшүүлөрдү өз тарабына тартып, аларды жашыруун, жабык жүргүзүүнүн аракетинде, - деди министр. - Мына жакында алар талибдер менен Катарда жолугушту. Ал эми Ооганстанга коңшу турган өлкөлөр америкалык өнөктөштөрүбүздүн эмне планы бардыгынан беймаалым отурат.

Берлиндеги "Эл аралык алакалар боюнча европалык кеңеш" деп аталган аналитикалык борбордун эксперти Густав Грессел "Азаттык" радиосу менен маегинде Ооганстан боюнча тынчтык сүйлөшүүлөрүндөгү Москва менен Вашингтондун “атаандаштыгына” токтолду. ​

​- Орусия “Талибан” кыймылы менен сүйлөшүүлөрдү илгери сүрөп жатат. Алар америкалыктар Ооганстандан чыгып кеткенден кийин ошол орунду басып калгысы келет. Акыркы окуяларга назар салсак, америкалыктар чыгып кетчүдөй болуп калды. Бир жагынан бул орустарга Борбор Азияда өз таасирин арттырып, позициясын бекемдөөгө мүмкүнчүлүк берет. Экинчи жагынан, орустарга мүнөздүү болгондой, пост-советтик аймакта өзүнүн аскер күчтөрүн жайгаштыруу максатын ишке ашырат.

Москвада жолуккан эки тараптын өкүлдөрүнүн оогандардын "Tolo News" телеканалына айтканына караганда, алар сүйлөшүүнү улантуу үчүн жакынкы мезгилде Катардын борбору Дохада жолугушууну макулдашты.

Эки тарап тең америкалык аскер күчтөрүн ооган жергесинен чыгаруу үчүн “Талибан” кыймылы менен АКШнын ортосундагы сүйлөшүүлөрдү кубатташты. Талибдердин делегациясынын башчысы Шер Мухаммад Аббас Станикзай бул багытта Вашингтон менен сүйлөшүү жүрүп жатканын ырастады:

- Америкалыктар менен аскер күчтөрү боюнча сүйлөшүп, аларды чыгарууга аракеттенип жатабыз. Ал күчтөр мүмкүн болушунча эртерээк чыгып кетиши керек. Ушул тапта качан чыгаары белгисиз. Биз азыр ошону макулдашып жатабыз.

Москвага 40тай кишини баштап келген экс-президент Хамид Карзай эки күндүк сүйлөшүүгө “өтө канааттанганын” билдирди. ​“Көңүл чордонундагы маселелер – тынчтык, туруктуулук жана Ооганстанды чет элдик күчтөрдөн бошотуу. Ооганстанга сырттан эч кандай кийлигишүүнү болтурбоо” - деди Карзай. Ганинин бийлигинин дарегине "Өкмөт бул сүйлөшүүлөргө катышса болмок, биз деле аны каалаганбыз" - деди.

Эки жума мурда АКШнын Ооганстан боюнча атайын чабарманы Залмай Халилзад менен “Талибан” кыймылынын өкүлдөрүнүн Дохада өткөн жолугушуусу алты күнгө созулган. Анда Вашингтон менен “Талибан” кыймылынын расмий өкүлдөрү өз ара макулдашуунун жалпы шарттары боюнча бир чечимге келишкени маалым болгон. Алардын Дохадагы кезектеги сүйлөшүүлөрү 25-февралда өтөрү кабарланды.

Ал эми Кабул администрациясы Москвадагы жолугушууну "саясий оппоненттердин мыйзамдуу шайланган бийликтин беделине доо кетирүү аракети" деп сындады. Президент Ашраф Гани “ага катышкандар өз алдынча жүргөн жеке адамдар” деп сыпаттады. “Карзай мырза Москвадан эмне менен кайтып келгенин көрөбүз. Мен ага ийгилик каалайм” – деди ооган президенти.

“Талибандын” жетекчилери Ооганстандын өкмөтү менен бетме-бет отурууга сыртын салып, Кабулдагы бийликти “куурчак” өкмөт деп баалап келатат. Алар Вашингтон менен түз сүйлөшүүнү талап кылып жүрүшкөн.

Дональд Трамп, 6-февраль, 2019-жыл.
Дональд Трамп, 6-февраль, 2019-жыл.

Ал эми АКШнын президенти Дональд Трамп 5-февралдагы Конгресстеги жылдык кайрылуусунда Вашингтондун Ооганстан боюнча атайын чабарманы Залмай Халилзад Дохада жүргүзгөн сүйлөшүүлөрдү "конструктивдүү" деп мүнөздөп, ал акыры барып ооган согушун токтотууга өбөлгө болот деген үмүтүн билдирген.

- Биздин эр жүрөк аскерлер Жакынкы Чыгышта 19 жылдан бери согушуп жатат. Ооганстанда жана Иракта биздин жети миңдей аскер өлдү. 52 миң америкалык оор жараат алды. Биз Жакынкы Чыгышка жети триллион доллар короттук.

Ооганстандагы соңку 18 жылдык согушка Кошмо Штаттар триллион долларга жакын каражат кетирди. Ооган жергесинде эки жарым миңдей америкалык жоокер курман болду.

Ушул тапта 14 миңдей америкалык аскер жергиликтүү коопсуздук күчтөрүн машыктырып жүрөт. Вашингтон үчүн ооган операциясынын жылдык чыгымы 45 миллиард долларга жетет.

АКШнын Браун университетинин "Согуштун баасы" деп аталган баяндамасында келтирилген сандарга таянсак, 2001-жылы америкалык аскерлер Ооганстанга киргенден 2018-жылга чейин 40 миңге чукул карапайым адамдын өмүрү кыйылган.

Ооган улуттук армиясы менен полициясынын 58,596 кызматкери, эл аралык күчтөрдүн миңден ашуун жоокери курман болгон.

Ошондой эле 50дөн ашуун журналист, гуманитардык жана бейөкмөт уюмдардын 60тан арбын өкүлү жарыкчылык менен кош айтышты.​

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Тажикстанда мечиттер кайра ачылышы мүмкүн

Дүйшөмбүдөгү борбордук мечит.

Тажикстанда мурда жабылган мечиттердин кайсынысы кайра ачыларын аныктай турган атайын комиссия түзүлдү. Бул комиссия кайсы аймакка канча диний жай керек экенин да тактап чыкмакчы. Мындан бир канча жыл мурда тажик бийлиги жүздөгөн мечиттерди жаап салган.

Тажикстанда жабык турган мечиттердин маселеси менен алектене турган атайын комиссия түзүлгөнүн өлкөнүн Дин иштерин жана салттарды жөнгө салуу боюнча комитетинин башчысы Сулаймон Давлотзода 6-февралда Дүйшөмбүдөгү маалымат жыйынында билдирди.

Анын айтымында, бир нече өкмөттүк мекеменин өкүлдөрүнөн турган бул комиссия кайсы аймакка канча мечит же намазкана керек экенин, мурда каттоодон өтпөй жабылып калган диний жайлардын кайсынысын ачса болорун аныктап чыгат.

Сулаймон Давлотзода.
Сулаймон Давлотзода.

- Айрым айылдарда эки-үчтөн мечит бар. Кайсы бир кыштактарда бир дагы намазкана жок. Жергиликтүү эл айылда мечит ачып берүүнү суранып жатат. Мындан улам биз бул комиссияны түзүп, азыр ал иштеп жатат, - деди Сулаймон Давлотзода.

Кеминде он жыл мурда тажик бийлиги өлкө аймагындагы диний жайларды тескөө өнөктүгүн баштап, анын натыйжасында Тажикстанда жүздөгөн мечит, намазканалар жабылган.

2017-2018-жылдары эле Согди облусунда "курулуш эрежелери сакталган эмес" деген жүйө менен 46 мечиттин иши токтотулган. Жабылган мечиттердин айрымдары чайханаларга, коомдук мончолорго же сулуулук салондоруна айланган.

Диний уюмдарды жана мечиттерди мамлекеттик каттоого алуунун тартиби да иштелип чыккан. Ошондой эле диний бирикмелер, мечиттер, чиркөөлөр, синагогалар киреше булагы, каражаттарды колдонуу жана кызматкерлердин айлыгы, салык төлөмдөрү тууралуу отчет тапшырууга милдеттендирилген.

Дин иштерин жөнгө салуу боюнча комитеттин башчысы Сулаймон Давлотзода өлкөдө мамлекеттин каттоосунан өткөн бир дагы мечит жабылбаганын белгилеп, диний жайлардын кожоюндары каттоодон өтүү үчүн тиешелүү документтерди топтой албай жатканын жүйө келтирүүдө.

Ал жаңы түзүлгөн комиссиянын ишинин алкагында айрым мечиттер ачыла баштаганын 6-февралдагы маалымат жыйынында айтты:

- Вахдат шаарында 100гө чукул мечит кайра ачылды. Бул комиссиянын ишинин жыйынтыгында башка райондордо да мечиттер ачыла баштайт. Тажикстанда дин эркиндиги камсыз кылынган.

Президент Эмомали Рахмон жарандарды сакал өстүрбөөгө жана хижаб кийбөөгө чакырган.
Президент Эмомали Рахмон жарандарды сакал өстүрбөөгө жана хижаб кийбөөгө чакырган.

Тажик бийлигинин жүздөгөн мечит-намазканалардын ишин токтотконун эл аралык укук коргоо уюмдары диний эркиндикти чектөө аракети катары мүнөздөгөнү белгилүү.

Бул сыяктуу чектөөлөрдөн улам 2016-жылы АКШнын Эл аралык диний эркиндик боюнча комиссиясы калкынын басымдуу бөлүгүн мусалмандар түзгөн Тажикстанды дин маселеси тынчсыздануу жараткан дүйнөдөгү ондон ашык мамлекеттин катарына кошкон.

Буга Тажикстанда "Ислам кайра жаралуу" партиясынын бир катар мүчөлөрүнүн камакка алынышы да түрткү берген.

Эми тажик бийлигинин мурда жабылган мечиттерди кайра ачып-ачпоо маселесин караштыра баштаганы бул өлкөдө динзарларга же динге кысым азая баштаганынан кабар бербейби?

Бул суроону "Эркин Европа/Азаттык" радиосунун жаштар арасында радикалдашууну алдын алууну көздөгөн “Биздин атыбыздан эмес” деген долбоорунун жетектеген редактору Ноа Такерге жолдодук:

- Жаңы комиссиянын түзүлгөнүн оң бааласа болот. Балким бул бийлик аша чаап кеткенин түшүндү дегенди билдирет чыгаар. Бирок комиссиянын ишинин жыйынтыгын күтүшүбүз керек. Адатта мындай комиссиялар өз алдынча иш алып барбай, мамлекеттин тыкыр көзөмөлүндө болот. Соңку бир жылда Тажикстанда диний эркиндиктин абалы жакшырган жок. Кырдаалга байкоо салган “Хьюман Райтс Уотч”, “Фридом Хаус” сыяктуу түрдүү эл аралык уюмдар, АКШдагы Дин эркиндиги боюнча комиссия тынчсызданууларын билдирип келет. Бул аптада “Фридом Хаустун” дүйнөдөгү эркиндиктин абалы тууралуу баяндамасында Тажикстандын көрсөткүчү кайрадан бир нече упайга төмөндөдү. 2015-жылдан бери туруктуу түрдө абал начарлап жатканы байкалууда. Диний эркиндик маселесинде деле үмүт жараткан жылыштарды көрө албай жатам.

Тажикстанда диний уюмдарга же дин кызматкерлерине карата ар кыл чектөөлөр бар. Тажик бийлиги мектептерде жоолук салынууга тыюу салган. Президент Эмомали Рахмон өзү жарандарды сакал өстүрбөөгө жана хижаб кийбөөгө чакырганы жайы бар.

Былтыр Тажикстандагы мечиттердин имам-хатибдери музейлерге жана театрларга барып турууга милдеттендирген.

Мындан тышкары тажик бийлиги чет өлкөдө диний билим алган тажик жарандарын да көзөмөлдөө аракетин көрүп келет. Дин иштерин жөнгө салуу боюнча комитеттин башчысы Сулаймон Давлотзода билдиргендей, чет жакта "мыйзамсыз диний билим алган" баш-аягы 3500дөй тажик атуулу мекенине кайтарылган.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Алматыдагы сот: аткезчилик иши

Алматыдагы сот: аткезчилик иши
please wait

No media source currently available

0:00 0:05:23 0:00

Мигрант айдоочунун жаза мөөнөтү кыскартылды

Чыңгыз Анарбек уулу.

Орусияда сот кыргызстандык Чыңгыз Анарбек уулунун жаза мөөнөтүн кыскартты. "Азаттыктын" кабарчысы анын өзү менен байланышып, ал-абалы тууралуу суроо узатты.

8-февралда Орусиядагы Смоленск облустук соту былтыр Москвада футбол чемпионатынын маалында жол жээгинде турган адамдарды автоунаа менен сүзүп кеткен кыргызстандык Чыңгыз Анарбек уулунун жаза мөөнөтүн кыскартты. Сот чечими 19-февралда күчүнө кирет.

«Азаттык»: - Соттун чечими кандай шарт менен жеңилдетилди?

Чыңгыз: - Москвадагы соттун чечими боюнча Смоленск облусундагы түзөтүү борборуна жөнөтүлгөм. Мамлекетке иштеп беришим керек экен, келгениме үч ай болду. Андан тышкары 500 миң рубль айып төлөйм. Эки жабырлануучу башында 1 миллион рубль кенемте сурап, кийин аны азайткан. Андан кийин «эч кандай дообуз жок» деп өз кайрылууларын жазып беришкен. Биз өз кезегинде Смоленск облустук сотуна шарттуу жаза мөөнөтүн кыскартуу үчүн кайрылганбыз. Бүгүн эртең менен сот болуп, судья менин кайрылуумду жактады. Эми Орусиянын мыйзамы боюнча 19-февралда боштондукка чыгам. «Ага чейин жөн жатпай иштеп тур» дешкен, азыр иштемин.

«Азаттык»: - Өкмөт үчүн кандай жумуштарды аткарып жаттыңыз?

Чыңгыз: - Нан чыгарган заводдо иштедим. Бул жердин жетекчилиги берген мүнөздөмөгө сот аябай маани берет экен. «Тартиптүү, эмгекчил жигит» деп аябай жакшы мүнөздөмө жазып беришти. Түзөтүү борборунун жетекчиси да жакшы мүнөздөмө берди.

«Азаттык»: - Үч жылга айдоочу болуп иштөөгө тыюу салынганы айтылды эле. Бул жагы кандай чечилди?

Чыңгыз: - Айдоочулук күбөлүгүмдү алышкан жок. Өз автоунаамды айдай алам. Бирок айдоочу катары иштегенге болбойт. «Орусиядан чыкпайсың, депортация же «кара тизме» сыяктуу сөздөр болбошу керек» деп айтышты.

«Азаттык»: - Түзөтүү борборунан чыккандан кийин эмне кылайын деп жатасыз?

Чыңгыз: - Москвага барып, түлөө өткөрөм. Элимдин дубасы, колдоосу менен бошодум деп ойлойм. Ошого ыраазычылык билдиришим керек. Өзүңөр билгендей, мен спортчумун. Кыргызстандын желегин көтөрөм. Иш тууралуу азырынча ойлоно элекмин. Бирок жумушка чакыргандар бар. Келечегим алдыда. Буюрса, кыргыз элиме чоң кызмат көрсөтөм деген тилегим бар.

«Замандаш» партиясына да ыраазымын. Алар башынан аягына чейин жардам беришти. «Кыргызстанга учканда билетиңди алып беребиз» деп жатышат. Кыргыз өкмөтүнө да ыраазымын!

16-июнда Москвада такси айдаган кыргызстандык жаран автоунаасын башкара албай, көчөдө бараткан кишилерди сүзүп кеткен. Кырсыктан жети киши анча оор эмес жараат алган.

28 жаштагы Чыңгыз Анарбек уулу суракта адамдарды атайын сүзбөгөнүн, тормоздун ордуна газды басып алганын айткан. Ал ичкилик ичпегенин жана буга чейин жол эрежесин бузбаганын билдирип, жабыркагандардан ыйлап кечирим сураган.

Былтыр октябрда Москванын Тверь соту Анарбек уулун 264-берене («Жолдо жүрүү жана транспорттук каражатты колдонуу эрежесин бузуу») менен бир жыл алты айга мажбурлатып иштетүү, ошондой эле андан 500 миң рубль айыппул өндүрүү тууралуу чечим чыгарган.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Казакстандагы өрттүн ачуу сабагы

Астананын Сарыарка районунда өрттөнгөн үй. Сүрөт видеодон алынды.

Казакстанда бир үй-бүлөдөгү беш баланын күйүп кетиши Бишкектин тегерегиндеги жаңы конуштарга байланыштуу маселени көтөрдү. Жылдан жылга аянты кеңейип бараткан конуштардагы үйлөрдө шарт чеке жылытпайт.

Анда жашаган эл кышында колуна эмне тийсе жагып, көпчүлүгү электр энергиясы менен үйүн жылытууда. Бирок ачык калган, кыйма-чийме тартылган зымдардан анча деле кооптонушпайт. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги өрт коопсуздугунун эрежелерин сактабагандыктан январь айында эле 140ка жакын турак жайдан өрт чыкканын кабарлады.

Денис Эсеналиев Бишкектин чет жакасындагы Дордой-1 жаңы конушунда беш жылдан бери жашайт. Ал жашаган үйдүн короосу чакан көрүнгөнү менен баш-аягы 10 түтүн каз-катар салынган батирлерде күн кечиришет. Көбүнүн балдары бар. Денис да жубайы, төрт баласы менен кичинекей эки бөлмөлүү үйдө турат. Тар бөлмөлөрдө тиричилик техникалардын электр зымдарына бут чалынат. Мындай көрүнүшкө Эсеналиевдин үй-бүлөсү кадыресе мамиле кылат:

Денис Эсеналиев.
Денис Эсеналиев.

- Үйдү болгону жылыткыч менен эле жылытабыз. Дайыма үйдө болгондуктан эч кандай деле коркунуч жок. Эгер мен жумушка кетсем келинчегим үйдө. Ал баарын өзү көзөмөлдөп турат. Балдар болсо токту кармабайт. Эч нерсе сайбайт, көңүл деле бурушпайт.

Короодогу үйлөрдө батирде тургандардын айрымдары эле көмүр жакпаса, калганы күнүмдүк тиричиликке, үйдү жылытууга электр энергиясын пайдаланат экен. Ал үчүн айына ар бир үй-бүлө 2500 сомдон 3000 сомго чейин төлөйт.

Тургундардын дагы бири Паризат Карагулова буга чейин электр энергиясын колдонуудагы коопсуздукту текшерип эч ким келбегенин айтты.

- Жарык барда жылыткыч саябыз. Ал эми жарык жокто көмүр сатып алып, жагууга туура келет. Эки бөлмөнү жылыткыч менен эле жылытабыз. Ушуга чейин текшерүү келе элек. Бирок электриктер эсепти текшерип, келип турушат.

Анткен менен жаңы конуштарда жашагандар текшерүүчүлөрдүн келип турушуна анча кызыкдар эмес. Буга өздөрүнүн электр жабдыктарына, аларды колдонуу эрежелерин сактоого маани бербегендиги да себеп болушу мүмкүн.

Укук коргоочу, шаардын көйгөйлөрүн көтөрүп келаткан Калича Умуралиева жарандардын өзүн жоопкерчиликтүү болууга чакырды.

Калича Умуралиева.
Калича Умуралиева.

- Мисалы, ӨКМ бала бакча, мектептерге барып коопсуздукту көзөмөл кылса болот. Же көп кабаттуу үйлөргө барып, подъездди текшерсе болот. Бирок аларды жер тамдагылар киргизеби? Биздин мыйзамдар боюнча үй жеке менчик, ага эч ким кире албайт. Ошондуктан жарандар үйүн коопсуздук үчүн атайын адистерди чакырып жасатыш керек.

Казакстанда 4-февралга караган түнү Астананын Сарыарка районунда болгон кырсык Кыргызстанда да коопсуздукту эске салды. Анда 30 чарчы метр болгон үйдө өрт чыгып, беш бала күйүп кеткен. Балдардын эң кичүүсү бирге чыга элек болсо, улуусу 12 жашта эле. Кырсык болгон чакта балдардын ата-энеси түнкү нөөмөттө жумушта болушкан. Бул окуя казакстандыктарды гана эмес, кыргызстандыктарды да турак жайдагы өрт коопсуздугуна көңүл бурууга түрттү.

Паризат Карагулова.
Паризат Карагулова.

- Биз да кырсыкты көрүп аябай корктук. Жолдошум иштейт. Мен болсо балдарды карап үйдө элемин. Балдарды жалгыз таштасаң, ушундай кырсык болуп кетсе жаман да. Эми биз да кандай кылсак деп ойлоно баштадык. Бир жакка чыкканда бардык нерсени өчүрүп, балдарды бирөөлөргө калтырып калдык, - деди Паризат Карагулова.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлагандай, 6-февралда Элебаев жана Скрябин көчөлөрү кесилишкен жерде павильондо чыккан өрттөн эки киши көз жумду. 5-февралда Жалал-Абаддын Базар-Коргон районунда өрттөн улам 21 жаштагы тургун каза болгон.

Ал эми январь айында өлкө боюнча 191 өрт кырсыгы катталып, андан төрт киши өлгөн. Министрликтин басма сөз катчысы Элмира Шерипова өрт көбүнчө турак жайлардан чыгарын билдирди.

- Үй шартында колго жасалган жылыткычтардын айынан жана ток өткөргөн зымдар ачык болгондуктан өрт чыгат. Же үйдөгү тиричилик техникаларын өчүрбөй кетип калганда өрт чыккан учурлар бар.

Расмий маалымат боюнча 2019-жылдын январь айында 191 ар кандай өрт кырсыктары катталган. Анын ичинен 136сы турак жайда болсо, 76 учурда электр жабдыктарын туура эмес пайдалануудан келип чыккан.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Чал жана деңиз

Чал жана деңиз
please wait

No media source currently available

0:00 0:23:57 0:00

Катар мигранттарга иш берет

Катар мигранттарга иш берет
please wait

No media source currently available

0:00 0:15:52 0:00

Назарбаев: шайлоону эрте өткөрбөйбүз

Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев. 27-декабрь, 2018-жыл.

Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев 2020-жылга белгиленген президенттик шайлоону жылдырып, мөөнөтүнөн мурда өткөрүү планы жок экенин билдирди.

5-февралда Акордонун басма сөз кызматы жарыялаган видеодо Нурсултан Назарбаев анын Конституциялык кеңешке кайрылуусу кадыресе көрүнүш экенин айтып, мунун тегерегинде ызы-чуу кылбоого чакырган:

- Баш мыйзам кабыл алынган 1995-жылдан бери Конситутциялык кеңешке 220 кайрылуу түшкөн. Анын ичинде менин да 22 кайрылуум бар. Бул кадыресе көрүнүш. Менден буга чейин кандай шартта президент өз ыктыяры менен кызматтан кетерин сурашкан, анткени бул биздин Конституцияда белгиленген эмес. Бул маселе башка мамлекеттердин баш мыйзамдарында чечмеленген. Ошондуктан мен Конситуциялык кеңешти ушуну түшүндүрүп берүүгө чакырдым.

Казак президенти баарын шайлоо кызыктырып жатканын кошумчалап, Баш мыйзам менен таанышып чыгууга үндөдү.

- Ооба, президенттин мөөнөтүнөн мурда шайлоо дайындоого укугу бар, бирок азырынча бизге анын кереги жок, - деп аяктайт Назарбаев өз видеокайрылуусун.

Нурсултан Назарбаев президенттин ыйгарым укуктарын токтотуу боюнча Казакстан Республикасынын Конституциясынын 42-беренесинин үчүнчү пунктун расмий чечмелеп бериш үчүн 4-февралда сөз болуп жаткан кеңешке кайрылган.

Баш мыйзамдын бул жобосунда «президенттин ыйгарым укуктары жаңы шайланган президент кызматка киришкенде токтойт, ошондой эле эгерде президент мөөнөтүнөн мурда кызматтан кетсе же президент өз ыктыяры менен кызматтан баш тартса жана көзү өтсө токтойт. Республиканын бардык мурдагы президенттери, өзүлөрү бийликтен баш тарткандарынан башкасы Казакстан Республикасынын экс-президенти макамына ээ болушат» деп жазылган.

Мыйзамга ылайык, Конституциялык кеңеш кайрылуу түшкөндөн кийин бир ай ичинде ага жооп бериши керек. Бул мөөнөт ошондой эле президенттин талабы менен он күнгө чейин да кыскартылышы мүмкүн. Сөз болуп жаткан кайрылуудан кийин коомчулукта ар кандай жоромолдор пайда болуп, айрымдар «мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо жарыяланарын» боолголошкон. Саясат таануучу Амиржан Косанов мамлекет башчысынын кайрылуусун мындайча чечмелеген:

Саясат таануучу Амиржан Косанов. 11-ноябрь, 2016-жыл.
Саясат таануучу Амиржан Косанов. 11-ноябрь, 2016-жыл.

- Эгер бул көз каранды эмес, өз алдынча чечим кабыл алган Конституциялык кеңеш болсо анда маселе башкача каралмак. Азыркы Кеңеш президент каалаган чечимди кабыл алары белгилүү. Андыктан бул кайрылуунун эч кандай мааниси жок.

Амиржан Косановдун пикиринде, бул кайрылуунун артында үч себеп бар:

- Биринчиси – биологиялык себеп, - дейт ал. - Бул президенттин жаш курагы жана саламаттыгы. Экинчиси - кландар арасындагы күрөштүн курчушу жана президентке баш ийбегендердин таасири сезилип баратканы. Коррупциянын, социалдык жана экономикалык кыйынчылыктардын күч алышы. Мындай чечимдин кабыл алынышына өлкөдө болгон трагедиялуу окуяларга саясий өңүт бериле баштаганы да түрткү болуп жатат. Үчүнчүдөн, Казакстандагы бийликтин форматына көз салган Орусиянын таасири дагы эле күчтүү.

Мурдараак айрымдар Нурсултан Назарбаев кийинки шайлоого катышуудан баш тартып, Конституцияда бекитилген өзүнүн «биринчи президент - улут көсөмү» макамын колдонорун да болжолдошкон.

Баш мыйзамдагы «улут көсөмү» тууралуу беренеге ылайык, Назарбаев Казакстандын Коопсуздук кеңешин өмүр бою жетектей алат.

Нурсултан Назарбаев. Москва, 1981-жыл.
Нурсултан Назарбаев. Москва, 1981-жыл.

78 жаштагы Нурсултан Назарбаев Казакстандын башында турганына дээрлик отуз жыл болду. Ал бийликке СССР тараганча эле келген. Расмий маалыматтарга караганда, 2015-жылдагы президенттик шайлоодо ал 97 пайыз добуш алып, бешинчи жолу шайланган. Казак журналисттери менен 2018-жылы болгон маегинде Назарбаев «Казакстанда мөөнөтүнөн мурда шайлоо өткөрүү планы жок» экенин айткан. Ал эми былтыр Финляндиядагы сапарында журналисттердин «2020-жылы шайлоого катышасызбы?» деген суроосуна жооп берип жатып ал убакыт дагы бар экенин , өз чечимин кийинчерек жарыялай турганын айткан.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Путиндин сапары Орусиянын таасирин күчөтөбү?

Путиндин сапары Орусиянын таасирин күчөтөбү?
please wait

No media source currently available

0:00 0:37:07 0:00

"Сириядагы лагерден кыргыздарды көрдүм"

ИМ тобунун согушкерлеринин үй-бүлө мүчөлөрү, Ирак, Тал-Афар, 30-август, 2017

Сириянын түндүк-чыгышындагы лагерлерде мекенине кете албай жаткан кыргызстандык аялдар жана балдар бар. Бул тууралуу “Хьюман Райтс Уотч” (HRW) уюмунун Террорчулук жана контр-террорчулук боюнча программасынын директору Надим Хоури "Азаттыкка" маегинде билдирди.

“Азаттык”: Учурда Сирия менен Ирактагы чет өлкөлүк согушкерлердин үй-бүлөлөрүнүн тагдыры Борбор Азияда гана эмес, Батыш өлкөлөрүндө да талкууланып жатат. Алгач ушул маселенин масштабын түшүндүрүп бересизби? Сирия менен Иракта өз мекенине кайта албай жаткан чет өлкөлүк аялдар менен балдар канчалык көп?

Надим Хоури: Сирияда азыр чет өлкөлүк согушкерлер же алардын үй-бүлө мүчөлөрү деп эсептелген адамдардын арасында 47 өлкөнүн жарандары жүрүшөт. Алардын ичинде европалыктар, борбор азиялыктар, ошондой эле Жакынкы Чыгыш жана Африкадан келгендери бар. Айтор, алар дүйнөнүн булуң-бурчундагы көп мамлекеттердин атуулдары. Ирак менен Сириядагы кырдаал бири-биринен айырмаланып турат. Ал жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн саясатына жараша.

Надим Хоури
Надим Хоури

Cирияны алсак, АКШ баштаган коалиция колдогон Сириянын демократиялык күчтөрү чет өлкөлүктөрдү жоопкерчиликке тартпоону чечти. Алар эркектерди түрмөдө кармап, мамлекеттерди “өз жарандарыңарды алып кеткиле” деп жатат. Аялдар менен балдар Сириянын түндүк-чыгышындагы үч лагерде кармалып турат. Алар да жоопкерчиликке тартылган жок. Сириянын демократиялык күчтөрү өлкөлөргө кайрылып, аларды алып кетүүнү суранууда.

Саналуу өлкөлөрдү албаганда азыркыга чейин чет мамлекеттердин көбү өз жарандарын алып кетүүгө көңүлдөнбөй келген. Бирок биз өткөн айдан тарта атуулдарын алып кеткиси келгендер көбөйө баштаганын байкап жатабыз.

Иракта болсо абал башкача. Себеби Ирактын бийлиги чет өлкөлүк эркектер менен аялдарды сот жообуна тартабыз деп билдирген. Андай учурлар көп экенин көрүп жатабыз. Андыктан чоң кишилер соттолуп жатат. Ал эми 9 жашка чейинки өспүрүмдөрдү мамлекеттер алып кетсе болот. Бирок бул процесс жай жүрүп жатат. Ошентсе да көп өлкөлөрдүн Багдадда элчиликтери же дипломатиялык өкүлчүлүктөрү болгондуктан алар балдарды алып кете алышат.

“Азаттык”: Сирия менен Ирактагы борбор азиялык согушкерлер жана алардын үй-бүлөлөрү тууралуу кандай маалыматыңыз бар? Сирияда канча борбор азиялык, алардын ичинде канча кыргызстандык кармалып турганы сизге белгилүүбү?

Надим Хоури: Менде Сириядагылар тууралуу айрым маалыматтар бар. Себеби мен ал жактагы аялдар менен балдардын лагерлерине барып келгем. Эркектердин санын билбейм. Бирок мен бир жыл мурда лагерлерге барганымда ал жерлерде Кыргызстандан кеминде алты аял бар эле. Балдары менен кошкондо алардын саны 18-20 киши болчу. Андан бери бул сан өзгөрүп кетиши мүмкүн. Бул алты үй-бүлөдөн башка эркектердин санын билбейм.

Казакстандыктардын саны көбүрөөк экенин билем. Жыл башында казак бийлиги Сириянын түндүгүнөн ондогон эркек, аял жана балдарды Казакстанга алып кеткени белгилүү.

Сириянын "Рож" лагериндеги босниялык балдар, 2018-жылдын декабрь айы.
Сириянын "Рож" лагериндеги босниялык балдар, 2018-жылдын декабрь айы.

“Азаттык”: Эгер ачык маалымат болсо, сиз кайсы лагерлерге баргансыз жана ал жактагы кыргызстандыктардын тагдыры эмне болгонун билесизби?

Надим Хоури: Чет өлкөлүктөр кармалып турганы лагерлер “Ал-Хол”, “Рож” жана “Аин Исса” деп аталат. Мен лагердегилердин ар биринин окуясын изилдебейм. Тил маселесинен улам кыргыздар менен сүйлөшө алган эмесмин. Алар “Рож” лагеринде болчу. Мен алар дале ошол лагерлерде деп ойлойм. Адатта мындай лагерлерге түшкөндөр өз мамлекеттери алып кеткенге чейин ал жактан чыгышпайт. Албетте, муну так кесе айта албайм. Бирок алар дале лагерде деп ишенем.

Бул бир жыл мурда болчу. Алардын саны көбөйүшү мүмкүн. Себеби акыркы жумаларда “Ислам мамлекети” экстремисттик тобунан жаңы жерлер тартылып алынды.

“Азаттык”: Бул лагерлерди "Сириянын демократиялык күчтөрү" көзөмөлдөйбү?

Надим Хоури: Ооба, бул лагерлер Сириянын демократиялык күчтөрү тарабынан көзөмөлдөнгөн Сириянын түндүк-чыгыш аймагында жайгашкан. Алар утурумдук лагерлер, ал жактагылар чатырларда жашашат. Аялдар менен балдар лагерлерде ээн-эркин жүрө беришет. Бирок анын чегинен сыртка чыга алышпайт.

Лагерлерде шарт оор эле. Сириядагы башка лагерлерде деле абал ушундай. Аба ырайы тез-тез өзгөрүп турат. Кышкысын абдан суук болсо, жайкысын өтө ысып кетет. Медициналык жардам жетишпейт. Дарыгерлер лагерлерге маал-маалы менен келип турушат. Бирок ымыркайга операция жасоо керек болсо же дагы бир кесипкөй жардам зарыл болсо, алар узак убакытка күтүүгө туура келет.

Лагердегилердин көбү өспүрүмдөр. Алардын көбү алты жашка чыга элек. Ал жайларда бир оору чыкса, өспүрүмдөр арасында канчалык тез жайылып кетерин элестетип көрүңүз. Мен барганда сарык оорусунун эпидемиясы жүрүп жаткан. Кургак учуктан жабыркагандар да бар эле. Алар бейтаптарды дарылаганга аракет кылып жатышат. Бирок бардык нерсе колдон келбейт.

Мындан тышкары балдарды окутууга да мүмкүн болбой жатат. Эгер алар узак убакытка кармала турган болсо, анда алардын билим алуу укугу бизди камтама кылат.

Ирактагы Ал-Хазар лагери, 27-октябрь 2016-жыл.
Ирактагы Ал-Хазар лагери, 27-октябрь 2016-жыл.

“Азаттык”: Сиз алдыда айтып өткөндөй, айрым мамлекеттер Сирия менен Ирактагы жарандарын көзөмөлдөнгөн тартип менен артка алып келүүгө аракет кылып жатышат. Кайсы өлкөлөр атуулдарын, өспүрүмдөрдү артка кайтарууга көбүрөөк кызыкдар болуп жатат?

Надим Хоури: Декабрь айына чейин саналуу өлкөлөр гана өз балдарын алып кеткен. Орусия бир канча аял жана балдарды алып кеткенин көргөнбүз. Индонезия, Судан да жарандарын артка кайтарган. АКШ эки балалуу америкалык аялды алып кеткенин билебиз.

Америка Сириянын түндүк-чыгышынан аскерлерин чыгараарын жарыялагандан кийин атуулдарын алып чыгууга кызыккандар көбөйдү. Январь айынын башында Казакстан 40тан ашык жаранын учак менен алып кетти. Алардын отузга чукулу балдар. Буга чейин анчейин көңүлдөнбөй келген Франция да атуулдарын Сириядан алып кетерин жарыялады. Бирок бул азырынча ишке аша элек. Өлкө ичинде талкууланып жатат. Андыктан жылыш байкалууда.

Биз, “Хьюман Райтс Уотч” уюму, албетте, согуштан жабыркаган балдарды алып кетүү жараянын колдойбуз. Чоңдорду да алып кеткен туура болот. Себеби адамдар мыйзамдуу сот болбостон, кармалбашы керек. Анын үстүнө Сириядагы жергиликтүү бийлик чет өлкөлүк жарандарды жоопко тартууга кызыкдар эместигин билдирип жатат.

Биз мамлекеттер өз атуулдарын алып кетсе дейбиз. Себеби эгер чоңдор кылмыш кылган болсо, алардын иши сотто каралышы керек. Алар кылган кылмыштары үчүн жоопко тартылышы зарыл. Балдарга келсек, аларды коомго кайра аралаштыруу аракетине муктаждык бар.

Себеби алардын көбү согуштан жабыркаган, бейкүнөө жандар. Аларды балким ата-энелери алып кетишкен же алар ошол жакта төрөлүшкөн. Аларга үй-бүлөсүнүн башка мүчөлөрү менен байланышууга жана өз жашоосун түзөп кетүүгө мүмкүнчүлүк берилиши керек.

“Азаттык”: Сирия менен Иракка кеткендерди кайтарып келүү көпчүлүк өлкөлөрдө, анын ичинде Кыргызстанда да кайчы пикирлерди жараткан маселе. Айрымдар аларды алып келүүнү колдосо, кайсы бири бул адамдар өз эрки менен экстремисттик топтун катарына кошулганын айтып, аларга жардам берүүнү кажети жок дешет. Бул маселе боюнча пикириңиз кандай? Өз эрки менен террордук топко кошулгандарга кандай мамиле жасалышы керек?

Надим Хоури: Менимче, бул абдан маанилүү маселе. Элдин тынчсыздануусун түшүнсө болот. Бирок мен ар бир адамга өзүнчө мамиле кылынышы керек деп ойлойм. Эгер кимдир бирөө кылмыш жасаган болсо, мен Кыргызстандын же Борбор Азиядагы өлкөлөрдүн мыйзамдарын билбейм, бирок көп өлкөлөрдө террордук топко кошулуу кылмыш деп саналат. Дүйнөнүн көбүндө ушундай.

Андыктан “Ислам мамлекети” экстремисттик тобуна чындап кошулгандарды же бул топ менен бирге кылмышка баргандарды сот жообуна тартып, абакка кесүүгө болот. Өспүрүмдөр сыяктуу эч бир кылмышка аралашпагандар же күйөөсү үчүн эле Сирияга келип калгандар болсо, аларга коомго кайра кошулууга мүмкүнчүлүк берилгени жакшы. Албетте, ар бир адамдын жоопкерчилигин аныктай алган сот системасы болсо, ар бир кишинин кадамына ар башкача баа берилиш керек. Адамдардын жоон тобун бирдей эле айып менен жоопко тартып кое албайбыз. Анткени ар биринин аракети ар башкача.

Сириядагы согушка катышып жүргөн борборазиялыктар.
Сириядагы согушка катышып жүргөн борборазиялыктар.

Балким араларында үрөй учурган кылмыштарды жасагандары бар чыгаар. Андайлар узак убакытка түрмөгө кесилиши керек. Балким айрымдарды мажбурлап алып келишкендир. Коом аларга ырайымдуулук менен мамиле кылышы зарыл. Себеби алар өз эрки менен кошулган жок. Келгенден кийин чыга албай калышты.

Албетте, мен алардын адвокаты же психологу эмесмин. Ар бир адам эмне ойлоп жатканын биле албайм. Бирок ар бир адамдын ишине өзүнчө баа берүү – бул сот системасынын башкы принциби. Аны ишке ашыруунун негизги жолу – бул ар бир адамдын ишин өзүнчө сотто кароо.

“Азаттык”: Балдар жөнүндө айтып кетпедиңизби, Сирия менен Ирактагы кезинде “Ислам мамлекети” экстремисттик тобу көзөмөлдөгөн аймактарда 2014-жылдан бери далай наристелер жарык дүйнөгө келгени бышык. Араларында томолой жетимдери да бар. Алардын тек-жайын кантип аныктоо керек? Бул чоң маселеби?

Надим Хоури: Бул кыйынчылык, бирок чоң көйгөй эмес. Түшүндүрүп берейин. Көпчүлүк ата-энелер “булар менин балдарым, алар бир нече жыл мурда төрөлгөн” деп айта алышат. Аларды эң жөнөкөй эле ДНК тести менен аныктаса болот.

Эл аралык нормаларга ылайык, ар бир наристе жарандыкка укуктуу. Атуулдугу жок наристелер болбошу керек. Мындай тесттин жардамы менен кайсы бир наристени кайсы бир казак же кыргыз жаранынын уул-кызы деп аныктоого болот.

Эгер ал балдардын ата-энелери өлүп калган болсо, чоң ата, чоң энелеринин ДНКсынын жардамы менен туугандык байланышты табууга мүмкүн. Мындайды көрүп жатабыз. Ал наристелердин жанында баланын тек жайын билген, бирок аларга туугандык байланышы жок чоңдор да болушу мүмкүн.

Айтор, бир да бала ара жолдо калбашы керек деген принцип алдыңкы планда турушу керек. Айрым адамдар аларды убагы келгенде жарыла турган бомбага салыштырышат. Бирок наристелердин күнөөсү жок. Алардын айрымдары өтө эле жаш. Ооба, айрым учурда аларга психологиялык жардам керек. Бирок алар согуштан запкы жегендер экенин унутпашыбыз керек. Ар бир коомдо аларга карата тилектештик болушу кажет.

Ирак сотундагы КМШ жарандары.
Ирак сотундагы КМШ жарандары.

“Азаттык”: Ирактагы кырдаалды да сурай кетейин. Жакында эле тажикстандык беш аял “Ислам мамлекети” экстремисттик тобуна кошулганы үчүн Иракта өмүр бою абакка кесилди. Сиздердин байкооңуздар боюнча, мындай соттор канчалык мыйзам чегинде өтүп жатат?

Надим Хоури: Биз мындай соттук териштирүүлөрдүн айрымдарына катышканбыз. Андан соң бул маселеге байланыштуу сын-пикирибизди айтканбыз. Биринчиден, сот абдан эле тез бүтөт. Адатта 10 мүнөттүн ичинде чечим чыгат жана өкүм өтө эле катаал болот. Террордук топко кошулду деп айыпталган эркектер менен аялдар өмүр бою түрмөгө кесилип, өлүм жазасына да өкүм кылынышы мүмкүн.

Иштерди карай келгенде көп учурда далилдер чектелүү экенин көрөбүз. Мисалы, бир аял соттолуп жатса, ал кайсы согушкерге турмушка чыкканын, “Ислам мамлекети” тобуна кошулуп-кошулбаганын гана карашат.

Ал аял эч качан террордук топтун катарында согушпаса да, “ИМ” тобунун согушкерине турмушка чыкканы үчүн эле же жесир калгандан кийин жетим-жесирлерге берилүүчү жөлөк пул алганы үчүн эле өмүр бою абакка кесилип кетиши мүмкүн. Биз өкүмдөр өтө катаал деп эсептейбиз.

Кандуу кылмыштарга баргандар же “ИМ” тобунун катарында согушкандар менен согушкерлерге турмушка чыккандардын ортосунда айырма болушу керек. Ар бир адамдын кадамдарына өзүнчө баа берилиши зарыл.

Айрым аялдар чындап эле экстремист жана кооптуу болушу мүмкүн. Кайсы бири андай эмес. Биз “күйөөм балдарымды алып кетем, балдардан ажырагың келбесе, мени менен кел деп коркутканынан бул жакка келдим” деген аялдарды көрдүк. Биз алардын айткандарынын чын-төгүнүн билбейбиз.

Бирок биз аны сот аныктап чыкканы туура болот деп эсептейбиз. Жаза ошого жараша, ар бир кишинин кадамдарына жараша берилиш керек. Бирок мындайды Иракта көрө алган жокпуз.

Иракта кыска убакытка созулган соттордо айыпталуучулардын баары эле катаал жазага кабылып жатат. Алардын көбү тил билбегендиктен сотто эмнелер айтылып жатканын деле түшүнүшпөйт. Аларга адвокаттар сотко саналуу күн калганда гана бөлүнөт.

“Азаттык”: Сирия менен Ирактагы жакындарын же алардын балдарын кайтаруу үчүн жардам сурап жаткандар бар. Алар эмне кыла алышат?

Надим Хоури: Иракта балким абал жеңилирээк. Алар өздөрүнүн Багдаддагы элчиликтерине кайрыла алышат. Ал элчиликтер кимдер кармалып турганын аныктоого жардам бере алышы мүмкүн. Ооба, Иракта согуштук аракеттерге катышты делген чоңдор жоопко тартылып жатат. Бирок алардын балдары тууралуу маалымат алышса болот.

Сирияда болсо жергиликтүү бийликтер мамлекеттер менен гана иш алып баргысы келишет. Мисалы, Кыргызстандагы чоң ата менен чоң эне Сириядагы неберелерин өздөрү кайтарып келе алышпайт. Бийликке кайрылганы туура болот.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Москвада баар тапкан кыргыз ишкерлер

Мундузбек Табалдиев Москвада дүкөн иштетет.

Москвадагы кыргызстандыктар арасында жалданып иштөөдөн баш тартып, азыноолак акчасын жеке ишкердикке жумшагандар бар.

Суусамыр менен Алайдын кымызы. Өзгөндүн күрүчү. Жети облустан келген балдын түрү, эт-чучук, улуттук суусундуктар жана башка азыктар.

Москванын Волгоградский проспект метросундагы «Халял маркет» же «Адал дүкөндө» дал ушул азыктар сатылат.

Нурбек Аширбаев
Нурбек Аширбаев

"Такси айдап эле жүргөнгө болбой калды"

Дүкөн иштеткен Нурбек Аширбаев 17 жыл ичинде куруучу болгон, жүк ташып, такси айдап да көргөн. Анан азыноолак акча топтоп, эки досу менен чогуу иш баштаган.

- Эки досум көптөн бери базарда эт менен иштеп жүргөн. Анан ушул дүкөндү ачып, кыргыз товарларын сатууну чечтик. Кыргызстандагы өндүрүшчүлөр менен WhatsАpp, Skype аркылуу эле байланышып, алар товарларын жөнөтүп жатат. "Тан", "Шоро" суусундуктары, минералдык суу, чучук, кыямдын түрү келип жатат. Дүкөндүн аты айтып тургандай бизде мусулмандар жеген азык-түлүктөр эле сатылат. Этти азырынча Татарстандан алып жатабыз.

Дүкөн Москванын түштүк-чыгышындагы өндүрүштүк аймакта жайгашкандыктан анча белгилүү эмес.

Бирок Нурбек мекендин азыгын сагынгандар бири-биринен угуп эле издеп келишерин айтып, бара-бара кардарлар көбөйөт деген үмүттө.

- Дүкөн ачууга 300 миң рубль каражат салдык. Соода акырындан жүрүп жатат. Адамдар кеч курун, иштен кийин келет. Күнүнө 30-40тай адам соода кылып жатат. Жергиликтүү орустар деле кирип, кызыгып калышат. Кыргыздардын товарларын өткөрүү үчүн эми мындай дүкөндөрдү көбөйтүү гана керек.

Москвадагы «Халял маркет»
Москвадагы «Халял маркет»

​Кыргызстан Евразия экономикалык биримдигине киргенине быйыл төртүнчү жылга аяк басты. Башында 180 миллион эли бар орус базары кыргызстандыктар үчүн эшигин кенен ачары убада кылынганы менен кыргыз ишкерлери өндүргөн товарлар чек арадан өтө албай, ал тургай кайра артка кайтарылууда.

Мындай шартта айрым мекендештер кыргыз товарларын алып келүүнүн жолун таап, көп учурда товар эмес, бирөөнүн жүгү катары автобус, поезд же жүк ташыгандардан алдыртып, сатыкка чыгарып келет.

Бул «Халял маркет» Москвада кыргызстандыктар иштеткен төртүнчү дүкөн. Миң түркүн буюм сатылган кийинки дүкөндүн ээси да ата мекендик тикмечилерди колдоп келет.

"Ишкердикти үч миң рубль менен баштагам"

«Ишкердикке башкы салым - убакыт менен мээнет» дейт бир топ жыл мурда Баткенден Москвага кадимки мигрант болуп келип, тиричилик буюмдарын саткан дүкөндүн 34 жаштагы ээси Мундузбек Табалдиев.

Мундузбек Таабалдиев
Мундузбек Таабалдиев

Каарманыбыз чет жерде көчүп-конуп иштеп жүргөн мигрантка керектүү нерселерди чоң базарлардан дүңүнөн сатып алып, кардарларга үйүнө чейин жеткирип берет. Мындай кызматты ал эки жыл мурда уюштурган.

- Москвада жүргөнүмө көп болду. Метродо ары-бери жүрүп, павильондо байпак саткан кыргыз эже менен сүйлөшүп калчумун. Ал «бүгүн 50-100 миң рублга соода кылдым» деп айтканын көп уктум. Анан ошол эжеден 3 миң рублга товар алып, Арбатский метро станциясында үч айдай байпак саттым. Ага чейин «Спортмастер» деген дүкөндө иштеп калгам. Анан досум менен бирге иш баштап, ал оңунан чыкпай калып, ары-бери басып эле жүрчүмүн. Соодага киришкенден кийин эл ичинде жүрүп, элге эмне керек экенин байкайт экенсиң. Азыр айына жок дегенде Москвада орточо элүүдөй матрац сатам. Матрац, жууркан, манты казан, казан өтүмдүү товар. Дүкөндө андан башка деле товардын түрү толтура. Баасы кыйла арзан. Мурун Интернет аркылуу жарнама кылып, заказ түшсө, өзүм батирлерине чейин жеткирип барчумун. Дүкөндү ачканыбызга эки жыл болду. Эки-үч курьер жалдагам. Күнүүнү 20дай кардарга товарын жеткиребиз. Мекендештердин көбү күндүз иштейт. Дүкөн кыдырганга убактысы жок. Күнүмдүк турмушка керектүү нерсени кечинде таппай калышат.

Орусияда жалданып иштеп жүрүп, акча табуунун жолун өздөштүргөн, чакан ишкердикке ык алган каарман «идея табыш оңой эле» дегендердин бири. Башкысы, «бирөөгө иштегенди каалабасаң, өзүң үчүн эки-үч эселеп иштөөгө даяр болушуң керек», - дейт ал.

Миң түркүн кыргыз дүкөнү
Миң түркүн кыргыз дүкөнү

Мундузбек Москвада бир гана алып-сатуу менен алектенбестен, Кыргызстанда жасалган товарларды да орус калаасында жайылтуу аракетинде.

- Кыргызстандан азыкүлүк, жуурканөшөктөр келет. «Карго» кызматы аркылуу бир килограммына 20 сомдон төлөйбүз. Бишкекте байланыштарыбыз бар. Алар да жөнөтөт. Биз, албетте, бул жактан кымбатыраак сатабыз. Ижара акы, жумушчулардын айлыгы чыгып, өзүбүзгө пайда түшүшү керек. Бирок, Кыргызстандагы элге да пайдасы тиет. Алар жасаган нерсесин бизге салып жиберип жатат. Биздики эми чакан эле иш. Чоң масштаб үчүн соода алакасы мамлекеттик деңгээлде чечилиши керек. Бул деле жакшы нерсе. Акырындык менен эл көнөт. Бирок тажиктерди карасаңыз. Алар чакан дүкөндөрдү ачып, кургатылган жемиштерди сатып жатып, Москваны алып коюшкан. Эч кимди бул тармакка киргизишпейт.

Сооданы эки жыл мурда 3 миң рубль менен баштаган мекендеш биз сүйлөшкөн жарым саатта эле бир үй-бүлөгө төшөнчөсү менен курама бешик, бирине курут, кийинкисине эки чемодан, дагы эки адамга казан сатууга үлгүрдү.

"Мекендештерге түнөк жай берем"

Ош облусундагы Мады айылынан «жакшы жашоо» издеп, он жыл мурун келген 34 жаштагы Жоодарбек Төрөбеков Москвада мекендештер үчүн хостел иштетет. Чоң шаарда ар түрдүү кырдаалга туш болуп, бир күндүк түнөк таппай калгандар үчүн бул жатакананын акысы арзан.

Жоодарбек Төрөбеков
Жоодарбек Төрөбеков

​Орус калаасында үйлөнүп-жайланып, очор-бачарлуу болуп калган мекендеш топтогон акчасын бул ишке жети өлчөп, бир кесип анан салган экен.

- Ойлонуштуруп көрсөк, биздин жердештерге ушундай жатакана жетишпейт экен. Кыргызстандан келип кеткендер бар, бул жакта батир тапкыча убактылуу жай издегендер жолугат, ар кандай акыбалга дуушар болуп, түнөп кеткен жерге муктаж болуп калгандар болот. Буга кошумча, жатаканада жашагандарды акысыз миграциялык каттоого коебуз. Жатакана Москванын борборунан четте болгондуктан, ижарасы акысы анча кымбат эмес. Бул өзү бош, каралбай калган жай болчу. Бир миллион рублдан ашык акча салдык. Өзүбүз оңдоп-түзөп, бөлмөлөргө бөлүп, жасап чыктык.

Волгоградский проспект метросунда жайгашкан «Мари» хостели азырынча эркек кишилер үчүн иштеп жатат. Ага жүк ташып, узак жолдо жүргөндөр, жакынкы соода түйүнүндө иштегендер менен таксисттер токтошот. Эми Жоодарбек мекендештердин суроо-талабына жараша үй-бүлөлүү адамдарга, аялдарга да атайын орундарды түзүү аракетинде.

Жатаканада жалпысынан 160 орундук 20 бөлмө бар. Бир айлык акысы - 5400 рубль, күнүнө -180 рубль.

Жатакананын ашканасында
Жатакананын ашканасында

​Көбүнчө келгиндер топтолгон жатаканада коопсуздук маселеси тыкыр көзөмөлгө алынат. ​Жоодарбектин айтымында, Орусиянын Коопсуздук кызматтарынан, ИИМден атайын уруксат кагаздары алынып видеокөзөмөл орнотулган.

Чет жерде мигранттык турмуштун ысык-суугун баштан өткөргөн ишкер жердештерге кол сунуудан да баш тартпайт:

- Жакында эле Москвага ортомчу ишкана аркылуу келип, «эмгек кулчулугуна кабылдык» деген мекендештерибизге жардам болсун деп, аларды ушул жерге жайгаштырдык.

Кошумчалай кетсек, өткөн декабрь айында Бишкектен ортомчулар аркылуу Москванын четиндеги LG компаниясына ишке жөнөтүлгөн 22 кыргызстандык иш таштаган. Алар кыргыз коомчулугунун жардамы менен иш тапканга чейин ушул жерде жашап турушкан экен.

«Мари» хостели
«Мари» хостели

"Москваны тамшантуу кыйын..."

300-400дөй миңдей кыргызстандыкты коюнуна батырган Москвада кыргыздардын элүүдөй ашкана жана чайханасы бар. Керели-кечке иште жүрүп, кечкисин чакан батирге түнөш үчүн гана кайткан мекендештердин көбүнө мындай ашкана-чайханалар тааныш-тууган, жердештер менен жолугуп, сүйлөшүп, чер жазуучу жай болуп калган.

Орус калаасында имаратты ижарага алып, жумушчу жалдап, кафе иштетүү деле оңой түйшүк эмес. Москванын өзүндө кафенин миң түрү турганда атаандаштыкка туруштук берүү чеберчиликти талап кылат.

"Аль-Баракат" кафеси
"Аль-Баракат" кафеси

Алардын ичинде Анзират Тасмаеванын ашканасы майда мантысы менен элге белгилүү. Тамактын Москвада кездешпеген түрүн сунуштоо менен ишкер айым кафеге кардар тартат.

- Өзүм жалалабаддык болгонум менен, атамдын кызматына байланыштуу Ошто төрөлүп-өскөм. Ошол майда манты менен эле чоңойгонбуз. Москвага келгениме беш жыл болуп калды. Быйыл Кыргызстанга биротоло кеткем. Анан Бишкек, Ошто жүрүп, ушул майда манты менен элди тартса болот турбайбы деп чечтим. Москвага кайтып келип, ушул жайды алып, ишке кириштим. Бишкекте деле, Москвада деле адамдарды бир нерсе менен кызыктыруу кыйын. Тамактар «дүжүр». Анан ашкана ачып алсак, конокторду туруктуу чакыра албайбыз, башка жерде болбогон бир даам киргизиш керек деп чечтик. Нокот шорпобуз да бар. Аны да Ошто бала кезде ичип жүргөнбүз.

Москвалык мекендештерди тамшандырып, издеттирип келген майда мантынын жасалышы эң жөнөкөй, арзан дагы.

- Майда мантыны таластык эжелерге үйрөтүп койдум. Таластыктар камырды үлпүлдөтүп жакшы жаят эмеспи. Өзүм сапатын карап турам. Муну жасоо колду кармайт, майда иш. Бирок туз, суу, картошка, камыр менен гана жасалат. Өтө арзанга түшөт. Бир порциясы 100 рубль турат. Аял кишиге бир порция жетет. Эркек киши эки-үч порция же жарым килограмм алса болот.

Анзират Тасмаева
Анзират Тасмаева

Москвага беш жыл мурда көр тириликтин айынан келген Анзират адегенде кафеде жалданып иштеген. Эми алты мекендешти иш менен камсыз кылат.

- Москвага биринчи келгенимде москвалыктардын «Тодасе» кафесинде идиш жууп иштегем. Ашкана сырын бат эле түшүндүм. Өзүмдүн агамдын кафеси бар болчу. Жаш кезде кирип-чыгып, идиш-аягын жууп, карап жүрчүмүн. Кийин ашпозчулукка окуп алгам. Ошол себептүү бул ишти бат эле өздөштүрүп кеттим. Негизи айлык менен көпкө иштей албайм. Өзүңө өзүң иштегенде гана мээнетиң берекелүү болот деп ойлойм.

"Кыргыз эли той-топурга жакын, чогулуп алып тамактанганды жакшы көрөт" деген мекендеш конокторду өзү тосуп, ашкананы да өзү башкарат.

- Кыргыздар чогулуп алып, аш үстүндө отурганды жакшы көрөбүз. Жердешчилик күчтүү да. Колдоо көрсөтүп, тынбай келип жатышат.

Өзүнүн колунан келген нерсени өрчүтүп, жоктон бар кылып, ашкана иштетип жаткан ашпозчу мекендештердин колдоосуна ыраазы.

"Кинотеатр ачкыча куруучу айым болуп кала жаздадым"

Кийинки мекендешибиз Венера Токторова Москвада өнөктөштөрү менен бирге «Манас» кинотеатрын иштетет. Бул жерде мекендештер кыргыз киносундагы жаңылыктар менен таанышып, коомдук маданий иш-чаралар өтүп турат. ​

Венера Токторова, "Манас" кинотеатры
Венера Токторова, "Манас" кинотеатры

- 85 орундук залыбыз бар. Ачылгандан бери Кыргызстанда чыккан кинотасмалардын баарын көрсөтүп жатабыз. Продюссер, режиссерлор байланышка чыгып, өздөрү да сунуштап жатат. Бишкектен актерлорду конокко чакырып, Москвадагы эл менен жолугушууларды уюштурдук. Мекенди сагынган кыргызстандыктар келип, ыраазычылык билдирип жатышат. Андан тышкары былтыр залкар жазуучу Чынгыз Айтматовдун 90 жылдыгына карата Москвадагы коомдук уюмдардын иш-чараларын өткөрүп бердик. Айылдык, облустук коомдор чогулуштарын өткөрдү. Айрым иш-чараларды акысыз да уюштурдук. Бул биз үчүн сыймык.

Чакан да болсо Москвада кинотеатр ачуу оңойго турган эмес. Үч бизнес өнөктөш кинозалдан тышкары конокторго чай-кофе сунуштаган фойе менен чакан мейманкана да ачып коюшкан.

- Бош, көптөн бери каралбай калган имаратты ижарага алганбыз. Жок жерден аны кинотеатрга айланттык. Оңдоп-түзөө иштерине үч ай кетти. Аял болгонума карабастан, курулушту жакшы эле түшүнүп калдым окшойт. Өзүбүз тазалап, сырдап, баарын жасадык. Жалпысынан 5 миллиондой акча короттук. Азыр «шүгүр», ишибиз жүрүп жатат. Кыргызстандан Москвага иш менен убактылуу, тойго келгендерди да мейманканабызда тосуп жатабыз.

Венера Токторова өзү Орусияга он жыл мурда келген. Биринчи жылдары кары-картаңдарды багып, дүкөндө сатуучу, кийин сулуулук салондорунда администратор болуп иштеген. Мурдатан ишкердик кылууну эңсеген мекендеш бирөө менен чогуу иш баштаганда «өнөктөшүңө өзүңдөй ишенүү керек» деп кеңеш берди.

- Өзүм жалгыз боймун. Алгач иш баштаганда «акчамды бизнеске салып, банкрот болуп, кызым менен ачка каламбы» деп кыжалат болуп жүрчүмүн. Былтыр бизнес өнөктөшүм Азамат Абылгазиев «кинотеатр ачалы» деп сунуш киргизгенде дароо макул болдум. Азыр үчөөбүз бирге иштеп жатабыз. Алар ишеничтүү болгондуктан, иш шыр кетти. Албетте, бир жерде айлык күтүп отургандан көрө өзүңө иштесең, ишеним, дем-күч пайда болот экен.

Соңку жылдары Орусияда иштеген кыргызстандыктар арасында жалданып иштөөдөн баш тартып, өз алдынча жеке ишкердикке, өнөктөштүккө умтулуп, тапкан акчасын максаттуу колдонууга аракет кылган мекендештердин жаңы толкуну пайда болду.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Өрт бир үйдөн беш баланын өмүрүн алды

Астанадагы өрттөнгөн үй. 4-январь, 2019-жыл.

4-февралга караган түнү казак баш калаасынын Сарыарка районунда турак жай өрттөнгөндө бир үй-бүлөнүн беш баласы каза тапкан.

Эки бөлмөлүү жер тамда түнкү эки жарым чамасында өрт чыккан. Бул маалда чоңдор үйдө жок болчу.

Эң улуусу 12 жаштагы кичүүсү бирге чыга элек ымыркай беш наристе бейкапар уктап жаткан. Өрт өчүргүчтөрдү кошуналар чакырган. Алар жети мүнөт ичинде жетип барса да, балдарды куткара алган эмес.

Кырсыктын себептери аныкталып жатканын Өзгөчө кырдаалдар департаментинин басма сөз катчысы Аягөз Фазылова билдирди.

- Өрт өчүрүүчүлөр жети мүнөт ичинде жетип барышкан. Көп узабай үйдүн чатыры кулап түшкөн. Өрт 30 квадрат метр аянтты каптаган.

Беш бала ушул үйдө тирүүлөй күйүп кеткен.
Беш бала ушул үйдө тирүүлөй күйүп кеткен.

​Балдардын энеси пластик карта чыгарган заводго жумушка орношконуна үч эле күн болуптур. Атасы машине оңдоочу жайда иштеген. Ал дагы кезек менен түнкү нөөмөткө чыкчу экен.

- Ким күнөөлүү? Ата-энеси жазыксыз. Ушундай кепеде кантип жашаса болот? Балдардын ата-энеси батир сурап, акимиатка бир нече жолу кайрылышкан. Акимиат каякты карап жатты? Азыр кээ бирөөлөр энеси балдарды карабай кайда жүрдү дешет. Иштебесе беш баланы кантип багат эле? - дейт үй-бүлөнүн тууганы Райхан Капарова.

Кошунасы Мария да жаш бүлө батир сурап, улам бир эшикти каккылаганын айтты:

- Балдардын энеси эки жакка чуркап батир сураганда мамлекет кичине көңүл бурса, балким, бул үрөй учурган окуя болбойт эле. Алардын жанына бара албай жатам. Түндөн бери эч кимибиз уктай албай жүрдүк. Сыздаган ата-энеге эмне деп айтам?

​Арийне акимиаттын маалымат катчысы Элмира Жургенбаева жабыркагандар көп балалуу үй-бүлө катары каттоого алынганын, бирок эч качан жардам сурап кайрылбаганын жана турак жай алуу үчүн кезекке турбаганын айтты.

Кайгылуу окуя болгон күнү эртең менен Астана шаарынын акими Бахыт Султанов чукул жыйын өткөрдү. Район бийлигине үй-бүлөгө материалдык жардам бөлүү, балдардын зыйнатын уюштуруу тапшырмасы берилди.

Өзгөчө кырдаалдар департаментинин башчысы Маргулан Аманбаев кырсык болгон конушта буга чейин профилактикалык иш жүргүзүлгөнүн, өрттөнгөн үйдүн ээлерине өрт коопсуздугу жагынан мүчүлүштүктөрдү жоюу айтылганын билдирди.

Бирок шаар акими түнкү трагедия үчүн жоопкерчилик кайсы бир деңгээлде ал мекемеге жүктөлөрүн эскертти.

Акимиаттын маалыматы боюнча Астанада чыккан өрттүн көбү турак жайлуу райондорго, өзгөчө жер үйлөр жайгашкан конуштарга туура келет. Былтыр борбор шаарда 699 өрт катталып, он киши каза болгон.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Лавров: Жогорку Нарын каскады боюнча жаңы шарттар сунушталууда

Тажикстан жолдон акча издеп жатат

Тажикстандагы жол курулушу.

Тажикстанда борбордон түштүктү карай кеткен негизги автотрасса оңдолуп жатат.

Оңдоо иштери бүткөн соң Дүйшөмбү-Бохтар жолу акы төлөгөндөр үчүн гана ачык болгону турат. Коңшу өлкөнүн бийлиги бара-бара бардык негизги автотрассаларынан акча табууну көздөп жатат.

Борборго барсаң төлөп бар

Дүйшөмбүдөн Бохтар (мурдагы Курган-Төбө) шаарына кеткен жолдон күн сайын он миңдей автоунаа өтөт. Жолдун жээгинде ондогон айыл-кыштак бар. Негизги автотрасса болгонуна карабай эки гана тилкелүү, абалы да начар болчу. Оңдолуп бүтсө ал эми төрт тилкелүү даңгыр жолго айланат.

Эл адегенде жол жаңыртылып жатканда маңдайы жарыла кубанып турган. Бирок бийликтин соңку билдирүүлөрүнөн кийин эл арасында кыжаалат болгондор көбөйдү. Карапайым эл, майда соодагерлер үчүн кандай гана кошумча төлөм болбосун оор тиет. “Маршрутканын да баасы көтөрүлөт. Бул келип эле чөнтөккө тиет. Бекер болсо дейбиз. Анда элдин турмушу оңолбойбу. Эл жакшы жашаса өлкөнүн иши жүрөт да. Кымбат болбосо мейли. 3-5-10 сомони. Бул жол менен жүк ташуучулар Коргон-Төбөгө, Кулябга, Дангарага да кетишет”, – деп жооп беришти Бохтар жакта жашагандар.

Жол жылдын аягына чейин реконструкциядан өткөрүлүп бүткөнү жатат. Кетчү чыгымдын 17 миллион долларын тажик өкмөтү чыгарган. Калган 80 миллиону - Азия банкынын жана башкалардын кайтарымсыз негизде берген каражаты. Демек өкмөт дээрлик грантка оңдолгон жолдон киреше түшүрүүнү көздөп жатат.

Транспорт министринин орун басары Сухроб Мирзоев бул эле эмес, башкалары да бекер болбошу керек деп эсептейт.

- "Мындан ары биринчи категориядагы бардык жолдордон акы алынсын" деген сунуш министрликке өкмөттөн келди, - деди ал. - Расмий топ азыр ал сунушту караштырып жатат. Биз өкмөткө бүтүмүбүздү чыгарып беребиз. Дүйшөмбү–Бохтар жолу реконструкциядан кийин бекер болбой калат.

Деген менен азырынча жаңы жолдон өтүүнүн тарифи, жанаша жайгашкан айылдыктар үчүн жеңилдик берүү маселеси чечиле элек.

Кожентке жөнөсөң кошумча акча ал

Тажикстан жолдон киреше табуу практикасын 2010-жылы баштаган. Борбор менен өлкөнүн түндүк аймактарын бириктирген Дүйшөмбү-Чанак (же Дүйшөмбү-Кожент, 410 км) трассасынан өтүүнүн баасы 58 сомониден (430 сом) башталып, унаанын салмагына, барчу жердин ыраактыгына жараша кымбаттай берет.

Жол 2010-жылы оңдолуп-жаңыртылган. Ал үчүн Кытайдан 281 млн. доллар насыя алынган. Калган 15 миллион долларын өкмөт өзү чыгарган. Жаңыланган жолго үч тоннел курулуп, ашуулар кыйла кыскарган.

Транспорт министрлиги “натыйжалуулугун көрсөттү, өзүбүз карап, кам көрө алмак эмеспиз” деп, башкаларынан да акы алууну ушул жолдун мисалынан улам караштырып жатат.

Элдин акчасы кайда кетти?

Министрлик “жолдун пайдасын эл эле көрөт” деп, түшкөн каражатка башка жолдорду оңдоого убада берүүдө. Бирок “Азаттыктын” тажик кызматынын экономика боюнча жазып жүргөн кабарчысы Абдулло Ашуров каражат түшөр-түшпөсү чоң маселе деген ойдо турат.

- 2009-жылдан тартып жолду “Innovative Road Solutions” (IRS) аттуу жеке менчик компания башкарат. Ал оффшордо, тагыраагы Виржиния аралдарында катталган. Кожоюну ким экени эмгиче белгисиз.

- Демек түшкөн пайданы ошол компания алабы? Анда мамлекетке эмне түшөт?

- Ошол компания алат. Ал мамлекетке салык төлөйт. Ал эми жол курууга кеткен акчаны – Кытайдан алынган насыяны тажик өкмөтү бюджеттин эсебинен төлөйт.

- Ал эми IRS төлөмдөрдү жолду тейлеп, тазалап, оңдоп-түздөп турганы үчүн алып жатабы?

- Ал тоолуу жол. Кышы-жайы дебей тез-тез кар көчкү, жер көчкү түшүп, таш кулап турат. Кышкысын бат эле тайгалак болуп калат. IRS аны тазалап, жолду тейлеп турат. Транспорт министрлигинде каражат жок, ал компанияныкындай кубаттуу техникасы тартыш. Чынында жолду тейлөө жакшырды. Убагында тазалап турушат. Мына ушул жагы абдан позитивдүү.

Бирок тажик маалымат каражаттарында бул компания көп сындалууда. Анткени "Жолго төлөнгөн акча эмнеге Кытайдан алынган карызды жабууга кетпейт?" дешет алар. Жолду караган компания кимге тиешелүү, түшкөн акча канча жана кайда кетип жатат - бизге белгисиз. Ишкана кирешесин жарыялабайт. Бирок бизге белгилүүсү - жеңил машине Дүйшөмбүдөн Кожентке баргысы келсе 58 сомони төлөйт. Эгер ал чоң жүк ташуучу машине болсо миң сомониге чейин төлөшү ыктымал.

- Акы төлөбөй тургандар да барбы? Мисалы, жол жээгиндеги айылдар жана шаарлар үчүн ал жападан жалгыз транспорттук байланыш булагы болуп жатпайбы. Анын үстүнө адатта боло жүргөндөй Дүйшөмбү-Чанак жолуна удаалаш бекер жол да жок эмеспи.

- Баары төлөшөт. Бирок жол боюндагы айыл-кыштактардын жашоочулары үчүн атайын программа бар. Эгер сен жакын жерде жашасаң ал аймакта жашаганың тууралуу документиңди көрсөтүшүң керек. Алар сага 50% арзандатуусу бар социалдык карта беришет.

- Тажик өкмөтү "келечекте башка да кан жолдор бекер болбойт" деп жатат. Кыргызстанда мындай жолдор жок, бирок ошондой ыкмага жеткирсек, жолдор өзүн-өзү каржыласа деген демилгелер бар. Сиздерде Транспорт министрлигинин идеясын кандай кабыл алып атышат?

- Тажик маалымат каражаттары, эксперттер акы төлөнчү жолдор идеясы жаман эмес экенин жазып атышат. Мындай тажрыйба Европада, АКШда жана башка өлкөлөрдө бар. Бирок айкындык болушу зарыл да. Биринчиден, жолду тейлеген компаниянын ээси ким, жолоочулардан түшкөн каражат кимге кетип атат, мындан мамлекет казынасына канча киреше түшүп атат - ошонун баарын коомчулук билип турушу зарыл эмеспи.

Ошондой эле "ушул сыяктуу компаниялар жеке каражатына жол салып, андан кийин акы алса болмок. Алар жолоочулар төлөгөн акчадан киреше таап, мамлекет да даңгыр жолдуу болуп калмак" дешет. Бирок бизде мындай боло элек.

- Маегиңизге чоң рахмат!

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Кыргыз-өзбек соодасы: Бишкек утулду

Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков менен Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиеёев. Ташкент, Өзбекстан. 13-декабрь, 2017-жыл.

Өзбекстан Шавкат Мирзиеёв президенттикке келген акыркы үч жылда Кыргызстанга экспортун беш эсе көбөйттү. 2016-жылы коңшулар Бишкекке болгону 67 миллион долларлык товар жөнөтсө, былтыр бул сумма 350 миллион долларга чукулдады.

Ал арада Кыргызстандын Өзбекстанга жиберген товарынын көлөмү эч канча арбыган жок, ал тургай артка кетти. Ошондуктан эксперттер Бишкек соода алакасында Ташкентке уттурганын айтып, бул багытта саясатты оңдош керек экенин эскертишүүдө.

Мирзиёевдин тушундагы соода-сатык

Алгач биз кеп кылчу үч жылдын акыркысы – 2018-жылдагы Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы соода жүгүртүүнүн көлөмүн тактап алалы. Бул жылкы экономикалык алыш-бериш боюнча азырынча кыргыз тараптын статистикасы колго тие элек, өзбек тарап болсо жаңы эле жарыялады.

Өзбекстандын Кыргызстандагы элчилиги эки өлкөнүн товар жүгүртүүсү дээрлик жарым миллиардга жакындаганын билдирип, муну алакалардын оңолушу катары сыпаттады. Өзбек элчиси Комил Рашидов Бишкектеги атайын брифингде мындай деди:

Комил Рашидов. Бишкек, Кыргызстан. 29-январь, 2019-жыл.
Комил Рашидов. Бишкек, Кыргызстан. 29-январь, 2019-жыл.

- 2018-жылдын январь-декабрь айларында Өзбекстан менен Кыргызстандын товар айланышы 189,6% көбөйүп, 481 миллион долларды түздү. Мунун ичинен Өзбекстандын Кыргызстанга болгон экспорту 348,2 млн. доллар, ал эми импорту 132,8 млн. доллар. Кыргызстан Өзбекстандын товар айлантуусуна эң көп салым кошкон 20 өлкөнүн катарына кирет, экспорт кылууда 6-орунда, импорт кылууда 20-орунда турат.

Эми элчи Комил Рашидов айткан сандарды мурдагы жылдардагы көрсөткүчтөр менен салыштырып көрөлү. Былтыр коңшу өлкө Кыргызстанга 348 млн. долларлык товар жиберсе, бул сумма 2017-жылы 163 миллион долларды түзгөн. 2016-жылы алардын экспорту 67 миллион эле долларга жеткен. Мындан биз акыркы үч жылда Өзбекстан Кыргызстанга импортун беш эсе көбөйткөнүн байкай алдык.

Кыргызстан менен Өзбекстандын акыркы үч жылдагы товар жүгүртүүсү.
Кыргызстан менен Өзбекстандын акыркы үч жылдагы товар жүгүртүүсү.

Ал эми Кыргызстан Өзбекстанга 2016-жылы 125 миллион долларлык, 2017-жылы 146 миллион долларлык, 2018-жылы 132 миллион долларлык товар жөнөттү. Башкача айтканда коңшуларга экспорт 2016-жылга салыштырмалуу азыраак көбөйдү, 2017-жылга караганда артка кетти.

Бул жагдайлар боюнча экономика министринен же министрликтин тиешелүү бөлүмдөрүнүн кызматкерлеринен комментарий алууга мүмкүн болбоду. Мекеменин басма сөз катчысы министр жана бөлүм башчылар чет өлкөгө кеткенин айтуу менен чектелди. Ошол себептүү биз эксперттердин түшүндүрмөсүнө орун берели.

Академик Жамин Акималиев муну жаңы шайланган Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин саясаты менен байланыштырып, Кыргызстан бул оюнда утулуп жатканын айтты:

Жамин Акималиев.
Жамин Акималиев.

- Менин оюмча бул Өзбекстандын өзүнүн атамекендик товар өндүрүшүнүн кызыкчылыгын мамлекеттик деңгээлде колдогондон жана ошого жол ачуудан болуп жатат. Булар эки мамлекеттин чек арасынын ачылышынан абдан пайдаланышты да, өздөрүнүн товарларын бизге жылдырып кирип кетишти. Чынын айтканда бул бизге чоң зыян болду. Себеби биздин өзүбүздө өндүрүлүп жаткан товарлар, өзгөчө түштүк облустардагы жашылча-жемиштер калып калды да, алардын экспорту өтүп кетти. Анын үстүнө буларда жашылча эрте бышат да. «Эл достугу жашасын» деп жатып, алар бизге товарын өткөрдү, бирок ошол эле кезде биздин товарларды өткөрбөй коюшту. Маселен, Өзбекстан «500 миң тонна картөшкөңөрдү алабыз» деп туруп, кези келгенде андан баш тартып коюшту. Себеби алар өздөрүнүн картөшкө өндүрүүчүлөрүн колдолду. Акылдуу мамлекеттер ушундай кылат, уялбай эле өз кызыкчылыктарын коргошот. Ал эми биз ошентип атса да же айыппул сала албай, же бир келишим түзө албай талаада калдык. Натыйжада биздин экономикага чоң сокку урулду. Биз аларга тоскоолдук кылбасак да, чек арадан товарларды өткөрүүдө көзөмөл кылышыбыз керек эле.

Ооба, былтыр Кыргызстандын Айыл чарба министрлиги Өзбекстан ири өлчөмдө картөшкө сатып алаарын билдирип, дыйкандарды жашылчанын ушул түрүн эгүүгө үндөгөн. Бирок жыл ортолоп калганда коңшу өлкө Кыргызстандан ташылган картөшкөнү киргизүүгө тыюу салып койгон.

Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Ташкент кыргыз картөшкөсүн өткөрүүгө эки тараптуу сүйлөшүүлөрдөн кийин, дээрлик кышка чукулдаганда гана кайра уруксат берген. Бул ортодо түшүмүн жыйнап алган жүздөгөн кыргызстандыктардын миңдеген тонна картөшкөсү бузулуп кетти. Наркы болсо эмгиче көтөрүлгөн жок.

Мындан тышкары, акыркы жылдары эт-сүт азыктары деле Өзбекстанга арбын сатылып кете элек.

«Тең ата саясат керек»

Адатта суу-май, тамак-аш, азыктардан сырткары кыргызстандык ишкерлер Өзбекстанга цемент, таш, гипс өңдүү материалдарды, металл, пластмасса, резина, жыгач, тери жана текстил өнүмдөрүн да сатышат. Бирок коңшуларда буларды өндүрүү деле жакшы жолго коюлгандыктан Кыргызстандан ал товарларды алып барып сатуу өзүн актабай калууда.

Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо боюнча агенттиктин директору Шумкарбек Адилбек уулу буларга токтолду:

Шумкарбек Адилбек уулу.
Шумкарбек Адилбек уулу.

- Бизде экспортту жылдыруу функциясы да болгондуктан, мен биздин практикабыздагы бир ишкананын тажрыйбасын айтайын. Биз, маселен, чипс чыгаруучу кыргызстандык «Кирби» аттуу фирманын Өзбекстандын рыногуна киришине көмөктөштүк. Бул фирма «Пир» аттуу сапаттуу чипс чыгарганын билесиңер да. Бирок ал коңшу өлкөнүн тармактуу дүкөндөрүнө чыгышы абдан татаал болду. Беш-алты позицияны бербей, бир эле позицияны берип, ошону менен гана чыгышты. Алардын экспорту аягында аябай кыйын абалга кептелгендиктен Ташкентке эмес, башка аймактарына гана сатып калышты. Башкача айтканда өзбек тарап өз товарларын абдан жигердүү коргогону байкалды. Албетте, биздин ишканалар ал жакка барып иштесе болот экен, бирок валюта жагынан жана укуктук-ченемдик жагынан алганда иштеши маселе туудурчудай. Ошол эле «Кирби» фирмасына колдон келишинче жардам берүүгө аракет кылдык, бирок тилекке каршы укуктук-ченемдик актылар биздин компетенциябызга кирбейт экен. Биздеги ушул маселелерге жооптуу болгон мекемелер да чечкиндүү аракеттерге барышы керек.

Соңку көрсөткүчтөрдүн фонунда Өзбекстандын өнөр жайын Кыргызстанга которуу саясаты башталганы да белгилүү. Маселен, былтыр коңшу өлкө Кыргызстанда 9 ишкана ачаарын айтса, анын экөөнү куруп койду. «Кыргыз-өзбек» деген макамда ачылчу ишканалардын калганы быйыл же келерки жылдары түшкөнү турат.

Өзбекстан менен Кыргызстандын премьер-министрлери Абдулла Арипов жана Мухаммедкалый Абылгазиев. Ош, Кыргызстан. 18-декабрь, 2018-жыл.
Өзбекстан менен Кыргызстандын премьер-министрлери Абдулла Арипов жана Мухаммедкалый Абылгазиев. Ош, Кыргызстан. 18-декабрь, 2018-жыл.

Ал эми тескерисинче кыргызстандык ишканалардын Өзбекстанда филиал ачышы же иш алып барышы дээрлик жолго коюлган жок. Муну кыргыз бийлиги адатта коңшу өлкөлүк өндүрүшчүлөргө тең келе алчу завод-фабрикалардын жоктугу менен түшүндүрүп келет.

Бирок аларда азыраак деген кыргыз товарларын деле коңшулар эмнеге алгысы келбей жатат? Кайрадан эксперт Жамин Акималиевди угуп көрөлү:

- Туура, өнөр жайы жагынан биз Өзбекстанга теңеле албайбыз. Алар автоунаа, комбайн, ал тургай учак чыгарып жатышпайбы. Бирок Өзбекстанда эт аз, сүт азыраак. Тилекке каршы, аларды да бизден албай, башкалардан алып келип жатышат. Биз ошого шарт кое алган жокпуз, «картөшкө, эт, сүт алабыз» деп туруп бизди алдап коюшту. Чек араны ачканда «силердикин биз өткөрөлү, биздикин силер өткөргүлө» деп шарт коюш керек эле. Мунун баары биздин базар экономикасынын жобосун билбегенибиз, бийлик башындагылардын сабатсыздыгы жана мамлекет тарабынан саясаттын жоктугу болуп жатат. Өзүбүздү өзүбүз коргогонду билбей, буларга уттуруп келе жатабыз. Эми ушинтип жүрүп олтурсак Өзбекстан бизге жиберген экспортун он эсе көбөйтөт. Ошондуктан Кыргызстан Өзбекстан менен экспорт-импорттун шартын тактап туруп, так келишим түзүш керек. «Болбосо товар жүгүртүүнү азырынча токтотуп туралы» деп так кесе айтыш керек. Эми жаныбызда турган Өзбекстанга же Казакстанга товарыбызды сата албайбыз да, кайдагы Орусия же Европага экспорт кылуу жөнүндө сөз кылабыз. Ошондуктан биз өз кызыкчылыгыбызды коюп, Өзбекстан менен тең ата мамиле кылууга мезгил жетти.

Шавкат Мирзиёев 2016-жылы президент болуп шайлангандан бери Өзбекстан Кыргызстанга аба жана жол каттамын жандантты. Кыргыз-өзбек чек арасынын 85% такталып, тилкеден өтүү жана каттоо жумшарды. Ушундан улам коңшулар ортосунда туризм күчөдү. Бул аралыкта Ташкент ошондой эле темир жол аркылуу жүк ташууга жеңилдик берди.

Кыргызстан менен Өзбекстандын желектери.
Кыргызстан менен Өзбекстандын желектери.

Мунун баарына Өзбекстандын бийлиги биринчи кадам таштаганы гана себеп болду. Ошого карабай мурдагы жана азыркы президенттер Алмазбек Атамбаев менен Сооронбай Жээнбеков бул саамалыктарды өздөрүнүн жеңиши катары да баалап келатышат.

Статистика болсо кайра тескерисинче кыргыз-өзбек чек арасы дээрлик жабык турган Ислам Каримовдун доорунда Кыргызстан Өзбекстанга көп товар экспорттогонун көрсөтүп турат. Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, 2008-жылдан 2015-жылга чейин Кыргызстан Өзбекстанга 1 млрд. 124 миллион долларлык товар сатып, кайра алардан 771 миллион долларлык товар сатып алган. Бул айтылып жаткан миллиондордун артындагы «миңдик» же «жүздүк» кошумча сандар көңүлгө алынбай, тоголоктолгондогу эсеп. Бирок ошондо да жети жылда оң сальдо 400 миллион долларга жакын сумманы түзгөн.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Кыргызстан суудан пайда тапкысы келет

Казакстан менен чектеш Кара-Буура районундагы Киров суу сактагычы. Талас.

Кыргызстан суу сактагычтарды кармоого кеткен чыгымдарды жабуу үчүн Өзбекстан менен Казакстандан акы талап кылышы мүмкүн.

Бул тууралуу өткөн аптада Суу кодекси жана "Суу жөнүндө" мыйзамга өзгөртүүлөрдү кароо учурунда парламентте маселе көтөрүлдү.

Жогорку Кеңеш өкмөттөн сууну натыйжалуу пайдалануу мыйзамы боюнча суу сактагычтарга кеткен чыгымдар үчүн коңшуларга акы төлөтүүнү талап кылды.

Айыл жана суу чарба министрлиги Суу кодексине сууну товар катары караган мыйзамдык өзгөртүүлөр бекитилгенден кийин кошуналардан сууну пайдалануу акысы талап кылынарын белгиледи.

Кеткен чыгым ордуна коюлбай...

Жогорку Кеңеш 31-январь күнү Суу кодексине жана "Суу жөнүндө" мыйзамга өзгөртүүлөрдү экинчи окуудан кабыл алды. Ага ылайык, жарандыгына, менчигинин түрүнө жана чарба жүргүзүү формасына карабастан сууну пайдалануу үчүн акы алынары көрсөтүлгөн.

Анда сууну ички жана өндүрүштүк керектөөлөр үчүн пайдалануудан акы алуунун шарттары жана өлчөмү атайын укуктук ченемдер аркылуу аныкталары белгиленген.

Жогорку Кеңештин "Республика Ата-Журт" фракциясынан депутат Умбетали Кыдыралиев өкмөт эмнеге суу сактагычтарга кеткен чыгымдарды жабууну кечеңдетип, сууну топтоп бергени үчүн кошуналардан акы талап кылбай жатканына кызыкты.

- Кыргызстандагы суу сактагычтардан жылына 22 млрд. куб суу Өзбекстан менен Казакстанга кетет. Бул деген биз суу сактагычтарда чогулткан суунун 80 пайыздан ашууну мына ошол кошуналарга берилет дегенди түшүндүрөт. Аталган суу сактагычтарды кармаганга бюджеттен өтө чоң өлчөмдө каражат жыл сайын бөлүнөт. Жакында эле Токтогул суу сактагычын оңдоо үчүн 450 миллион доллар бөлүү боюнча маселени карадык. Биздин өкмөт эмне себептен мына суу сактагычтарга кеткен чыгымды төлөп берүүнү кошуналардан талап кыла албай жатат?

Буга чейинки мамлекеттер аралык укуктук ченемдерге ылайык, Кыргызстандын суу сактагычтарында топтолуп, андан ары Өзбекстан менен Казакстандын талааларын сугарууга жана чарбалык муктаждыктарына жумшалган суу орток пайдалануудагы байлык катары көрсөтүлгөн.

Эки тараптуу макулдашууга ылайык, Кыргызстан жайкысын белгиленген өлчөмдөн кем эмес сугат суусун үзгүлтүксүз берип турууга, суу пайдаланган тарап суу сактагычтарды иштетүүгө кеткен чыгымдарды төлөп берүүгө милдеттенме алган.

Сууга акы алууга ачылган мыйзамдык жол

Айыл жана суу чарба министринин орун басары Жаныбек Керималиев Суу кодексине жана мыйзамга кирген жаңы өзгөртүүлөрдөн кийин сууну пайдаланганы үчүн кошуналардан кошумча акы талап кылууга жол ачыларын билдирди:

- Казакстан мурда Киров суу сактагычын кармаганга кеткен чыгым үчүн 75 миллион теңге төлөйт эле. Азыркы учурда 119 миллион теңге төлөйт. Мыйзамга кирген өзгөртүүлөрдү кабыл алгандан кийин кошуналар пайдаланып жаткан суунун төлөмүн дагы көтөрөбүз. Бул маселе негизи 28 жылдан бери көтөрүлбөй келип, соккунун баарын биз өзүбүзгө алып жатабыз.

Парламент депутаты Умбетали Кыдыралиев өкмөт суу сактагычтын эксплуатациялык чыгымын эмес, кошуналарга сууну товар катары сатып, аны пайдалануу үчүн акы талап кылышы керек деп эсептейт.

- 19 миллион теңгени долларга которуп көрүңүзчү. Ал ошол 119 миллион теңге канча акча болорун билесиз. Миллион деген сөз эле кулагыңызга жакшы угулуп калган окшойт. Биз бул мыйзамга өзгөртүүлөрдү аябай кечигип кабыл алып жатабыз. Эл аралык укуктук ченемдер боюнча суу товар катары каралган. Анын экономикалык баасы бар. Ошондуктан биз кошуналар менен сүйлөшүп, иш алып барышыбыз зарыл болчу.


Кыргызстан суу пайдаланууну жөнгө салуу маселесинде Өзбекстан жана Казакстан менен Орто-Токой, Киров суу сактагычтары боюнча ар бирине өзүнчө макулдашуу түзгөн.

Токтогул, Папан суу сактагычтарынан жана чоң суу каналдарынан кеткен сууну пайдалануу шарттары боюнча кошуналар менен маселе жөнгө салына элек.

Каржы министринин орун басары Улукбек Карымшаков кошуналар учурда сууну пайдалануу үчүн эмес, суу сактагычтарды оңдоого кеткен чыгымдын кайсы бир бөлүгүн гана төлөп жатканын айтты:

- Андан республикалык бюджетке эч кандай каражат түшпөйт. Келип жаткан акча суу сактагычтардын техникалык абалын карап, оңдоп-түздөөгө гана берилет. Бул жерде учурдагы макулдашууларга ылайык, суу пайдалануу үчүн акы алынбайт.

Суу товарбы?

2000-жылдары Жогорку Кеңештин мыйзам чыгаруу палатасынын депутаты, компартиянын мурдагы биринчи катчысы маркум Турдакун Усубалиев суу газ жана мунай сыяктуу эле жаратылыш байлыгы экенин жүйө келтирип, Кыргызстандын суу сактагычтарында топтолгон сууну кошуналар сатып алууга тийиш деген маселе көтөргөн.

Бирок Өзбекстандын ошол кездеги президенти маркум Ислам Каримов мамлекеттер аралык суу башаты каяктан экенине карабастан ал орток байлык экенин айтып, аны сатууга же бербей үзгүлтүккө учуратууга жасаган далалат чоң чатакка алып келерин эскерткен.

Эксперттер Борбор Азияда жыл сайын мөңгүлөр жукарып жатканын эскертишет.
Эксперттер Борбор Азияда жыл сайын мөңгүлөр жукарып жатканын эскертишет.

Суу-энергетика тармагы боюнча эксперт Расул Умбеталиев кошуналар сууну товар катары тааныбай жаткан жагдайды кыргыз дипломатиясынын өксүгү катары мүнөздөдү:

- Сууну пайдаланганы үчүн биздин жарандар акча төлөйт. Бирок биз суу сактагычтарда сууну топтоп берип, аны кошуналар эгин талааларын сугарууга же башка бир чарбалык муктаждыктарына пайдаланганы үчүн акы албай жатканыбыз туура эмес. Негизи союз мезгилинде деле сууну пайдаланышканы үчүн бизге арзан баада газ, мазут жана мунай беришчү. Мына ошол кезде суунун акысы бартердик негизде алынып келинген. Бирок союз таркаган соң, бул практика колдонулбай калды. Ошол эле кезде суунун акысын төлөө маселеси жөнгө салынбай келе жатат. Негизи биздин бийлик кошуналарды ынандырып, түшүндүрсө сууну товар катары таанып, ага акча төлөө маселесин чечсе болмок. Бул багытта биздин бийлик натыйжалуу иш алып бара албай турат.


Компартиянын мурдагы баш катчысы Турдакун Усубалиев кошуна өлкөлөр сууну пайдаланганы үчүн акы төлөгөн эл аралык тажрыйба бар экенин мисал келтирип, кезинде өзбек президентине ачык кат аркылуу жооп кайтарган.

Суу пайдалануу шарттарын жөнгө салуу маселеси 2007-2008-жылдары да көтөрүлүп, бирок маселе кыргыз бийлигинин пайдасына чечилген эмес.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Иракка кеткен аялдар өмүр бою кесилди

Иракка кеткен аялдар өмүр бою кесилди
please wait

No media source currently available

0:00 0:15:06 0:00

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG