4-февралда Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров Кыргызстанга расмий сапар менен келди. Сапардын башкы максаты мартта болчу орус президенти Владимир Путиндин Бишкекке мамлекеттик сапарына даярдык көрүү деп айтылды.
Тажикстанда борбордон түштүктү карай кеткен негизги автотрасса оңдолуп жатат.
Өзбекстан Шавкат Мирзиеёв президенттикке келгенден бери Кыргызстанга экспортун беш эсе көбөйттү.
Суу сактагычтарды кармоого кеткен чыгымдарды жабуу үчүн Бишкек коңшулардан акы талап кылышы мүмкүн.
АКШ Сенаты президент Дональд Трамптын америкалык күчтөрдү Сирия менен Ооганстандан чыгаруу планына каршылыгын билдирди. Иракта тажикстандык дагы беш аял "Ислам мамлекети" экстремисттик тобуна мүчө болгону үчүн өмүр бою абакка кесилди.
“УМ Левел” фирмасы "Түндүк электрди" тендерден уткан 4 млн. сомду бербей жатканы үчүн айыптады.
1920-жылдары тартылган түстүү сүрөттөрдөн Ооганстандын гүлдөп-өскөн учурун көрүүгө болот.
Казак президенти Нурсултан Назарбаев өкмөттүн кеңейтилген жыйынында бир катар министрлердин ишин кескин сынга алды. Ал Казакстандын каржы жана банк тармагына жооп берген жетекчилерди "коркоктор" деп атады.
29-январда казакстандык белгилүү ырчы Димаш Кудайберген Москвада жана Астанада өтө турган жеке концерттерин утурлай маалымат жыйынын өткөрдү.
Өзбекстанда бак-дарактардын реестри түзүлүүдө. Башкыртстанда булганган аба адамдардын ден соолугуна коркунуч жарата баштады.
Акыркы күндөрү Казакстанда окуучулар аралашкан кылмыштар удаа-удаа катталып, коомчулуктун үрөйүн учурду. Бери дегенде төрт шаарда болгон мушташтын видеосу Интернетке тарады. Тартип сакчылары бул кылмыштарды тыюыш үчүн атайын комиссия түзүүнү сунуш кылып жатышат.
Марафончу Нуршат Абабакиров “Максаттуу чуркоо” акциясынын алдында көзү азиздерге чуркоо менен таякча алууга каражат топтогусу келет.
Дагы жүктөңүз