Муса Мураталиев, Маскөө калаасы Орусянын лидерине дүйнөлүк өнүккөн жети мамлекеттер тургундары бир топ сын көз менен карай тургандыгын жакында GlobeScan фирмасы менен Мэриленд университети биргелешип өткөргөн сурамжылоолор тактаган. Улуу Британия, Франция, Алмания, Италия, Жапон, АКШ жана Канада атуулдарынын жарымынан көбү же 56 пайызы Орусиядагы демократияга жана адам укуктарынын абалына Владимир Путин терс таасир этти дешкен. Сурамжылоого катышкандардын төрттөн бири гана Путиндин ролун оң баалашкан. Ошол эле учурда Кытайдын шаар тургундарынын төрттөн үчү Владимир Путиндин таасирин оң баалашып, ал орусиялыктардын жашоо тиричилигин оңдоп атат дешкен.