Google компаниясынын директорлор кеңешинин төрагасы Эрик Шмидт менен АКШнын Бириккен улуттар уюмундагы мурдагы элчиси Билл Ричардсон төрт күндүк визит менен Түндүк Кореяга кетишти.
Индияда кызды зордуктаган деп шектелгендерге расмий айып коюлду. Киши котологон сот залында тополоң чыгып кеткенден кийин сот беш шектүү кылмышкердин үстүнөн сот иши жабык өтөрүн жарыялады.
Президент Асад жекшембиде Сирия элине телекайрылуу жасады. Батыштын “кол баласы” болбогон күчтөр менен сүйлөшкөнгө даярдыгын айтты.
Саясат таануучу Санжар Тажиматов Кыргызстандын тышкы саясаты, "Манас" аба майданына Орусия менен Логистикалык борбор куруу боюнча сүйлөшүүлөр тууралуу ой бөлүштү.
АКШнын Мамдепартаменти Google компаниясынын жетекчилеринин бири Түндүк Кореяга жөнөгөнүн сындады.
Кыргызстан “Манас” аба майданына логистикалык борбор куруу боюнча Орусия менен сүйлөшүүлөрдү баштады.
Камбар-Ата-1 ГЭСин жана Жогорку Нарын каскадын куруу боюнча Орусия менен долбоорлор Кыргызстандын кызыкчылыгына каршы келиши мүмкүн.
Боснияда жайгашкан Уюшкан кылмыштуулук жана коррупцияга каршы борбору Азербайжандын президентин жылдын башкы коррупционери атады.
Венесуэла президенти Чавестин абалы өтө оор экенин анын жакын ымалашы, Боливия президенти Эво Моралес билдирди.
Салык өлчөмү жана мамлекеттик чыгымдарды кыскартуу боюнча республикачылар менен демократтар мунасага келди.
Эксперттердин баамында экономика келерки жылы деле ыкчам жандана албайт. Дүйнөлүк соодада чектөөлөр күчөдү.
Апта ичиндеги дүйнөлүк басма сөзгө сереп (24-30-декабрь).
Дагы жүктөңүз