Стамбул шаарында быйыл үчүнчү жолу уюштурулуп жаткан этноспорт маданият фестивалында көк бөрү, тогуз коргоол, күрөш, жаа атуу сыяктуу көчмөндөрдүн улуттук оюндары боюнча таймаштар өтөт.
Израил менен Иран бири-бирине ракета атышты. Израил армиясынын билдиргенине караганда, ал Ирандын Сириядагы “ондогон” аскердик жайларына ракеталар менен сокку урду. Израилдин маалыматына караганда, ага чейин Иран анын Голлан дөңсөлөрүн карай жыйырмадай ракета аткан. Аймагы Израил тараптан аткыланганын Сирия да ырастады. Бул окуя Иран менен Израилдин кайым айтышуусу күчөгөн учурга туш келди.
Гавайи архипелагындагы Чоң аралда Килауэа жанар тоосу бир нече күндөн бери атылып жатат. АКШнын Геология институту кечээки жарылуу жаңы кооптуу баскычтын башталышы болушу мүмкүн экенин эскертүүдө.
АКШ бийлиги Түндүк Кореянын камагындагы үч жаранын бошотууга “тарыхый”деп мүнөздөлүп жаткан саммитти утурлай жетишти.
Кыргызстанда Улуу Ата Мекендик согуштун аякташынын 73 жылдыгы белгиленди.
Иран, Орусия жана Европа мамлекеттери АКШ президенти Дональд Трамптын чечимине карабай Тегеран менен түзүлгөн өзөктүк келишимди сактап калуу аракетин көрүшөт. Орусия жана мурдагы СССРдин башка бир катар өлкөлөрүндө бүгүн Жеңиш күнү белгиленип жатат.
Экинчи Дүйнөлүк согуш маалында согуш күйгөн аймактардан адамдарды эвакуациялаган Борбор Азия республикаларынын арасында Кыргызстан да бар болчу.
Анна Кутанова - Ленинграддагы курчоодон аман калып, кийинки өмүрүн Кыргызстанда өткөргөн ардагер. Фашисттердин блокадасында калган шаардагы азаптуу күндөрдү башынан өткөргөн байбиче кан майданда калган жаштыгын эскерет.
АКШ Ирандын өзөктүк программасы боюнча 2015-жылы түзүлгөн келишимден чыкканына карабастан, Иран, Орусия жана Европа мамлекеттери аны сактап кала турганын билдирүүдө. Дональд Трамп АКШ өзөктүк келишимден чыгаарын, андан тышкары Иранга каршы катаал экономикалык санкцияларды кайрадан киргизерин 8-майда Вашингтондо жарыялаган.
Экинчи Дүйнөлүк согуштун аяктаганына 73 жыл толду. 9-майда мурунку СССР өлкөлөрү Жеңиш күнүн белгилешти.
Дональд Трамп АКШ 2015-жылкы өзөктүк келишимден чыгаарын жана Иранга каршы экономикалык санкцияларды кайра киргизерин жарыялады.
Армениянын парламенти оппозициялык лидер Никол Пашинянды жаңы өкмөт башчылыкка 59 добуш менен шайлады. Ошентип, Серж Саргсяндин Республикалык партиясынын Арменияда узакка созулган бийлиги "баркыт ыңкылабы" менен аяктады. Еревандын борбордук аянтында эл ушул жаңылыкты эл күтүп жаткан. Элдин маанайы көтөрүңкү.
Дагы жүктөңүз