Өзбекстан Ирактан 64 баланы мекенине алып келди. Нобелдин тынчтык сыйлыгы Эфиопиянын премьер-министри Абий Ахмедге ыйгарылды. Ирандын мунай ташыган танкерине ракета тийип, андагы кара май Кызыл деңизге төгүлдү.
Сириянын түндүгүндөгү Түркиянын чабуулунан кийин ондогон адам өлүп, дагы жүз миңдеген киши жан айласын ойлоп там-ташын таштай качты.
Нобелдин тынчтык сыйлыгы Эфиопиянын премьер-министри Абий Ахмедге ыйгарылды. Ал бул сыйлыкка Эфиопия менен Эритреянын ортосундагы 20 жылдан ашкан куралдуу кармашты токтотууга салым кошкону үчүн татыды.
Нобелдин адабият боюнча сыйлыгынын быйылкы жана былтыркы лауреаттарынын ысымдары 10-октябрда белгилүү болду. 2018-жылкы сыйлык польшалык жазуучу, акын Ольга Токарчукка ыйгарылса, 2019-жылкы сыйлыкты австриялык жазуучу, драматург Петер Хандке алды.
Кыргыз фуболчулары Мьянманын курама командасына жети топ киргизди. 10-октябрда Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы 2022-жылы Катарда өтө турган дүйнө чемпионатына тандоо оюндарынын 2-баскычынын алкагында Мьянманын курама командасы менен беттешти.
Дүйнөдөгү бир катар мамлекеттер Түркиянын Сириянын түндүгүндөгү күрддөргө каршы чабуулуна тынчсызданууда. Бул маселени БУУнун Коопсуздук кеңешинин чукул жыйынында талкуулоо боюнча да сунуштар түштү. Анкара Сириянын түндүгүндөгү аскердик операциясын кечээ, 9-октябрда баштаган.
Бишкекте «Франчайзинг жана соода-сатык ЭКСПО» деген аталышта эл аралык көргөзмө өтүп жатат. Аны АКШнын Кыргызстандагы элчилигинин колдоосу менен Жаш ишкерлер ассоциациясы уюштурууда. Иш чарада Америка жана Европа өлкөлөрүнөн келген дүйнөлүк компаниядар кыргызстандык ишкерлерге өз өндурүмдөрүн тарту
Дүйнөдөгү бир катар мамлекеттер Түркиянын Сириянын түндүгүндөгү күрттөргө жасаган чабуулуна тынчсыздануусун билдирүүдө. Иранда бийлик 40 жылдан бери алгач ирет аялдарга стадиондон футбол мелдешин көрүүгө уруксат берди. Өзбекстан четке пахта экспорттоону 2020-жылы токтотот.
Түрк президенти Режеп Тайып Эрдоган 9-октябрда Сириянын түндүгүндөгү аскердик операция башталганын жарыялады. Сириянын Түркия менен чек арасына жакын жайгашкан Рас-эл-Айн шаарчасында бир нече жардыруу болду.
Сириянын Түркия менен чек арасына жакын жайгашкан Рас-эл-Айн шаарчасында бир нече жардыруу болду.
Орусиянын Юстиция министрлиги оппозициячыл саясатчы Алексей Навальный негиздеген «Коррупцияга каршы күрөш фондун» «чет өлкөлүк агенттердин» тизмесине кошту. Бул тууралуу 9-октябрда министрликтин расмий сайтына жарыяланды.
АКШнын Мамлекеттик департаменти Кытай бийлигинин Шинжаңдагы куугунтукка тиешеси бар аткаминерлерине визалык чектөөсүн күчөттү. АКШнын президенти Дональд Трамптын администрациясы импичмент жарыялоо жараяны боюнча Конгресс менен кызматташуудан баш тартты. Ким Кардашьян Арменияга инвестиция салгысы кел
Дагы жүктөңүз