Сириядагы күрддөрдүн лидерлери Москва арачылык кылган сүйлөшүүлөрдө Башар Асад өкмөтү менен азырынча чек арага аскерлерди гана жайгаштыруу жөнүндө кеп болгонун билдиришти. Ал эми саясий маселелер кийинчирек талкууланмакчы.
Польшадагы шайлоодо оңчул «Мыйзам жана калыстык» партиясы 45% көп добуш топтоп, алдыга чыкты. Бул партия 2015-жылдан бери бийликте. Оппозиция соңку төрт жылда «сот системасынын көз карандысыздыгына шек келтирип, бөтөнчө пикирдегилерди басууга аракет кылууда» деп бийликти сындап келатат.
Орусиянын президенти Владимир Путин Сауд Арабиясында өтчү сапарынын алкагында мунай боюнча кызматташууга жетишүүнү максат кылууда.
Исламабад чөлкөмдөгү ири атаандаштар Иран менен Сауд Арабиясын сүйлөшүүгө отургузуу үчүн болгон аракетин жасайт.
Дүйнөлүк басма сөзгө баяндама (7-13-октябрь, 2019-жыл).
Узаган жуманын урунттуу окуяларына сереп (7-13-октябрь, 2019-жыл).
Француз аалымдары колу-буту, тулкусу, куймулчагы кыймылдабаган кишини бастырышты. АКШда мүйүзү жок букалардын жаңы тукуму өстүрүлдү. Ичкиликти көп ичкенден жүрөк кемтиги бар бала төрөлөт.
Өзбекстан Ирактан 64 баланы мекенине алып келди. Нобелдин тынчтык сыйлыгы Эфиопиянын премьер-министри Абий Ахмедге ыйгарылды. Ирандын мунай ташыган танкерине ракета тийип, андагы кара май Кызыл деңизге төгүлдү.
Сириянын түндүгүндөгү Түркиянын чабуулунан кийин ондогон адам өлүп, дагы жүз миңдеген киши жан айласын ойлоп там-ташын таштай качты.
Нобелдин тынчтык сыйлыгы Эфиопиянын премьер-министри Абий Ахмедге ыйгарылды. Ал бул сыйлыкка Эфиопия менен Эритреянын ортосундагы 20 жылдан ашкан куралдуу кармашты токтотууга салым кошкону үчүн татыды.
Нобелдин адабият боюнча сыйлыгынын быйылкы жана былтыркы лауреаттарынын ысымдары 10-октябрда белгилүү болду. 2018-жылкы сыйлык польшалык жазуучу, акын Ольга Токарчукка ыйгарылса, 2019-жылкы сыйлыкты австриялык жазуучу, драматург Петер Хандке алды.
Кыргыз фуболчулары Мьянманын курама командасына жети топ киргизди. 10-октябрда Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы 2022-жылы Катарда өтө турган дүйнө чемпионатына тандоо оюндарынын 2-баскычынын алкагында Мьянманын курама командасы менен беттешти.
Дагы жүктөңүз