Дүйнөлүк басма сөзгө баяндама (11-18-ноябрь).
Аалам мурда эсептелгенден жай кеңейгени аныкталды. Көмүр кычкыл газын зыянсыз кылуунун жаңы жолу табылды. Келечекте Евразияда суу тартыш болушу ыктымал. Окумуштуулар 34 санын нейтрондук сыйкырдуу сандардын тизмесине кошту.
Узаган аптанын урунттуу окуяларына сереп (11-17-ноябрь).
Түркия өз аймагынан чыгарууну чечкендердин арасында кыргызстандыктардын да бар экени кабарланууда.
Түркия өз аймагынан чыгарууну чечкен «террорчу» делген адамдардын арасында Кыргызстандын 23 жараны бар. Грузияда шайлоо мыйзамы элди көчөгө чыгарды. Калифорниядагы мектепте болгон атышууда эки өспүрүмдүн өмүрү кыйылды.
Гонконгдогу соңку кагылышууларга байланыштуу жогорку окуу жайлар жабылды. 13-ноябрга караган түнү демонстранттар менен полициянын ортосундагы кагылышуулар университеттик шаарчада уланган.
Грузин парламентинин депутаттары 14-ноябрда өткөн жыйында Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча коалициялык көпчүлүк сунуш кылган мыйзам долбоорун четке кагышты. Ага ылайык, 2020-жылдан тарта өлкөнү пропорционалдык шайлоо системасына өткөрүү каралган.
14-ноябрда Бишкекте өтө турган Кыргызстан жана Жапониянын футбол боюнча курама командаларынын беттешине даярдык аяктады. Оюнга билеттер беттеш башталарына эки күн калганда эле сатып кеткен. Бүгүн эки команданын оюнчулары оюн алдында машыгып, журналисттер үчүн басма сөз жыйынын өткөрүштү.
АКШда импичмент боюнча коомдук угуулар башталды. Палестинанын Газа тилкесинде кырдаал курчуду. Молдовада парламент Майя Санду жетектеген өкмөткө ишеним көрсөтпөө тууралуу чечим кабыл алды. Венеция шаарын соңку 50 жылда болуп көрбөгөндөй суу каптады.
АКШнын Өкүлдөр палатасында президент Дональд Трампка импичмент жарыялоо демилгесине байланыштуу коомдук талкуулар 13-ноябрда башталып, түз эфирде көрсөтүлмөкчү.
Түрк ЖМКсында бул окуя эл аралык мааниде изилдене турган кылмыш иши катары бааланууда.
Кабул "Талибан" менен туткун алмашат. Гамбия Мьянма бийлигин рохинжа мусулман азчылыгына «тукум курут» кылган деп айыптап, Эл аралык сотко арыз менен кайрылды. "Москва иши" боюнча айыпталып жаткан Айдар Губайдуллин Литвага чыгып кетти.
Дагы жүктөңүз