Кыргызстан Кытайдын Шиңжаңдагы саясатын колдоп чыкты. Өзбекстанда ата-энелер балдарды сабаган тарбиячы жоопко тартылбаганына нааразы болууда.
Президент Дональд Трамп АКШны климат боюнча Париж келишиминен чыгаруу жараянын баштады. Бул жараян бир жылга созулат жана президенттик шайлоонун эртеси аяктамакчы. Иран Фордо объектиндеги центрифугаларына газ жүгүртөрүн билдирди.
АКШнын президенти Дональд Трамп өлкөнү климат боюнча Париж келишиминен чыгаруу жараяны башталганын кабарлады. Бул жараян бир жылга созулат.
Иранда АКШ элчилигине чабуул коюлган күндүн 40 жылдыгы белгиленди. Тегерандагы элчиликти студенттер 1979-жылдын 4-ноябрында басып алып, 52 америкалык 444 күн барымтада турушкан.
Соңку эки жылдан бери өз ыктыяры менен Украинада бозгунда жүргөн орусиялык диссидент журналист Аркадий Бабченко Киевден чыгып кетти.
“Эже-сиңдилер” берүүсүндө бул жолу ишкердикти кантип башташ керектиги тууралуу баарлаштык. Бул үчүн студиябызга өз ишин баштаган айымдарды топтодук. Алар бул багыттагы тоскоолдуктар жана мүмкүнчүлүктөр тууралуу айтып беришти.
Иракта шиит мусулмандары үчүн ыйык деп эсептелген Кербела шаарында өкмөткө каршы нааразылык акциясына чыккандар Иран консулдугуна чабуул коюшту.
Ливанда өкмөт башчы кызматтан кеткенине карабай нааразылык жүрүштөрү кайра жанданды. Түмөндөгөн эл бийлик элитасынын толук жаңыланышын, экономиканы тез арада оор абалдан алып чыгууну талап кылып жатат.
Дүйнөлүк басма сөзгө баяндама (28-октябрь - 4-ноябрь, 2019-жыл).
Узаган аптанын урунттуу окуялары (28-октябрь - 3-ноябрь, 2019-жыл).
Космосто чарчабай иштечү роботтор. Жыгачты бекем кылуунун сыры табылганы калды. Зебранын темгили же уйлардын каталыгын азайтуунун жолу. Тыюу салынган баңгизаттарды колдонуу көбөйүп баратканы аныкталды.
Бишкек Бээжиндин чөлкөмдөгү коопсуздук чараларын жактаган 54 мамлекеттин билдирүүсүнө кошулду.
Дагы жүктөңүз