Линктер

бейшемби, 18-июль, 2019 Бишкек убактысы 18:00

Саясат

ИРАКТА ИНСПЕКЦИЯ УЛАНТЫЛА БЕРЭЭРИ ЖЕ СОГУШ БАШТАЛААРЫ АНЫКТАЛА ТУРГАН УЧУР ЖАКЫНДООДО

Улан Алымкул уулу, Прага Европанын сегиз өлкөсүнүн лидерлери бейшемби күнкү биргелешкен билдирүүсүндө Ирак маселеси боюнча АКШга тилектеш экенин жарыялашты. Ал эми Ак үйдүн өкүлү ырастагандай, Вашингтон Ирак кризисине байланышкан дипломатиялык аракеттердин "акыркы фазасына" киришүүдө. БУУнун Коопсуздук Кеңешинде болсо, эл аралык инспекторлорго дагы убакыт берүү зарылбы же Багдадды куралсыздандыруу үчүн күч колдонуу керекпи деген суроонун айланасындагы талкуулар улантылды.

Бейшемби күнү бир катар европалык басылмаларда жарыяланган билдирүүгө Британия, Испания, Италия, Дания, Венгрия, Польша, Португалия, Чехиянын лидерлери кол коюшкан. Өз билдирүүсүдө алар Ирак маселеси боюнча АКШга тилектеш экенин белгилөө менен Европанын Иракка карата бирдиктүү саясатын иштеп чыгуу зарылдыгына токтолушат. АКШнын Европаны фашизм менен коммунизмден бошотуудагы ролун эскерген лидерлер, ошондой эле БУУнун Коопсуздук Кеңешинин Ирак боюнча резолюциясына Европа Биримдигинин өлкөлөрү тегиз колдоо көргөзүшү абзел экенин айтышкан. Билдирүүнүн авторлору Ирактагы режим азыр деле БУУнун куралсызданууну талап кылган резолюцияларын аткарбай, эл аралык коопсуздукка коркунуч келтирип жатат деп эсептешет. Документке Европанын БУУнун Коопсуздук Кеңешине мүчө эки өлкөсү - Франция менен Германиянын жетекчилери кол койгон эмес.

Андыктан, Париж жана Берлин БУУнун Коопсуздук Кеңшиндеги талкууларда да Иракта эл аралык инспекторлордун иштешине көбүрөөк убакыт берилишин жактаган өлкөлөрдүн көч башында турууда. Алардын катарында Орусия менен Кытай да бар. БУУдагы дипломаттардын айтымында, шаршемби күнкү талкууларда испекторлорго убакыт берилишин Коопсуздук Кеңешине мүчө 15 өлкөнүн 11и жактады. Маселен, Орусиянын БУУдагы элчиси Сергей Лавров азырынча инспекцияны токтото тургандай жүйөө жок деп эсептейт:

- Биз инспекцияны токтотуунун кандайдыр бир жүйөөсүн көргөн жокпуз. Инспекция пайдалуу жана натыйжалуу. Ал, албетте, улантылышы керек.

Ал эми Иракка карата күч колдонууга демилгечи болуп жаткан АКШ менен Британиянын сунушун Коопсуздук Кеңешинде Испания жана Болгария колдоодо. Алар Ирак мындан ары деле милдеттенмелерин аткарып, өз эрки менен куралсызданаарынан күмөн санашат. Кечээ Ирактын БУУдагы элчиси Мохамед ал –Дури анын өлкөсү инспекторлор менен кызматташуусун активдештирээрин билдирди:

- Биз алдыга дагы бир кадам таштайбыз жана Ирак массалык кыргын салуучу куралдарга ээ деген негизсиз ырастоолор жасалма экенин далилдөө үчүн инспекторлор менен активдүү кызматташабыз.

Учурда БУУнун Коопсуздук Кеңеши АКШнын Мамлекеттик катчысы Колин Пауэллдин келерки аптада жасай турган отчетун күтүп жатат. Пауэлл 5-февраль, шаршемби күнү Коопсуздук Кеңешин Ирактын массалык кыргын салуучу куралдары боюнча АКШнын колунда бар маалыматтары менен тааныштырышы керек. Вашингтондогу басма сөз жыйынында Пауэлл БУУга кандай маалыматтарды берээри тууралуу буларды айтты:

- Мен бере турган маалыматтардын бир бөлүгү мурда айтылгандардын кеңейтилгени болот, бир бөлүгү инспекторлорго берилген маалыматтар. Бир бөлүгү инспекторлордун иши үчүн зарыл эмес, бирок Саддам Хусейндин режими массалык кыргын салуучу куралдарга ээ экенин далилдей турган маанилүү жаңы маалыматтар.

Баяндамачылар белгилеп жаткандай, АКШ Мамлекеттик катчысынын чечүүчү отчетунан кийин Коопсуздук Кеңешиндеги маанай кай жакка өзгөрөөрүн алдыдагы күндөр көргөзөт. Ак үйдүн өкүлү Ари Флейшер ырастагандай, Кошмо Штаттары азыр Ирак кризиси боюнча дипломатиялык аракеттердин "акыркы фазасына " киришти. Флейшердин айтымында, азыркы иш чаралар бир нече аптага созулушу ыктымал, бирок эч убакта бир нече айга уланып кетпейт. Бейшемби күнү АКШ президенти Жорж Буш Вашингтондо Ирак маселесин талкуулоо үчүн Италиянын премьер- министри Силвио Берлускони жана Сауд Аравиянын тышкы иштер министри Сауд ал- Файсал менен жолугат.

Жума күнгө Ж. Буш менен британ премьери Т. Блэрдин жолугушусуу белгилеген. АКШ президенти менен британ премьеринин алдыдагы жолугушуусу - Ирак кризисине байланышкан дипломатиялык аракеттердин жыйынтыктоочу фазасынын стратегиясын аныктай турган сүйлөшүү катары күтүлүүдө.

АКШ МЕНЕН ИРАКТЫН ОРТОСУНДАГЫ ТАЙМАШТЫН КУРЧУШУН КЫРГЫЗ КООМЧУЛУГУ КАНДАЙ КАБЫЛ АЛЫП ЖАТАТ?

28-январда АКШ президенти Жорж Буш Конгресстин эки палатасынын депутаттарына кайрылуу жасап, Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңешин 5-февралда Ирак маселесин кайрадан кароого чакырды. Дүйнө коомчулугун ойго салган АКШ менен Ирактын таймашы боюнча Кыргызстандын бийлиги менен жарандарынын пикири кандай?

Кошмо Штаттардын президенти Жорж Буш Конгресс алдында сүйлөгөн сөзүндө Иракка каршы согуш ачаарын ачык айтпаган менен аны кыйытып, Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңешин Ирактын массалык кыргын салуучу куралдары, аны жашыруу аракети жана эл аралык террористтик топтор менен байланышы тууралуу АКШнын чалгындоо кызматтарынын маалыматы менен тааныштыра тургандыгын жарыя кылды. Кыргызстандын бийлиги АКШ менен Ирактын мындай таймашы дипломатиялык сүйлөшүү жолу менен гана чечилиши керек деген ниетин билдирди. Ал тууралуу тышкы иштер министри Аскар Айтматов мындай деп айтты:

- Бул маселе боюнча Кыргызстандын ниети өзгөргөн жок. Кыргызстан гана эмес, көптөгөн башка мамлекеттер, анын ичинде, БУУнун Коопсуздук Кеңешине мүчө мамлекеттер да ушундай ниетте турушат. Биз бул маселени саясий жана дипломатиялык жол менен чечүүгө болот деп мурда да айтканбыз, азыр деле ошентип эсептейбиз. Албетте, бул БУУнун Коопсуздук Кеңешинин дүйнө коомчулугунун пикирин билдирген 1441-резолюциясын аткарууга Ирактын өкмөтү кандай жоопкерчилик менен караарына байланыштуу болот. Биз Ирактагы режимди да жокко чыгара албайбыз. Анткен менен Ирак да көз карандысыз мамлекет экендигин эстен чыгарбашыбыз керек.

Кыргыз бийлигинин мындай мамилеси саясатчылар менен өлкөнүн карапайым калкынын мүдөөсүнө үндөш. Алардын бири, парламенттин Мыйзам чыгаруу жыйынынын Афганчылар партиясынан шайланган депутаты Акбөкөн Таштанбеков:

- Согушту, канды көрүп келген адам катары айтаарым - мындан эч ким жыргабайт. Мына Афганистанга кирээрде деле үч айдын ичинде баарын бүтүрөбүз деп айтпады беле. Бүткөнгө дагы көп жыл бар. Афганистан согушун дипломаттык сүйлөшүү жолу менен бүтүрбөсө, эл өзү чечим чыгарбаса эч качан бүтпөйт. Анан калса Иракка барып келген комиссия эч нерсе тапкан жок.

Бишкектин 78 жаштагы тургуну Акун Алсеитов:

- Мен эмне үчүн Америка Иракка асылып жатканын түшүнбөй жатам. Эчтеке тапкан жери жок, ал ийне эмес да жашырып койгондой. Согуш ачса ал дүйнөлүк согушка айланып кетиши мүмкүн. Себеби, тегерегиндегилер деле карап турмак беле? Алар дагы чыгат. Тынчтык жолу, акыл-эске келүү, саясат жолу менен чечсе болот да.

Ал эми белгилүү ырчы Сагынбек Момбеков мындайча ойдо:

- «Бечелге жөтөлдүн кереги эмне» дегендей кокусунан экөө согушуп кетсе орто жолдо бизге бомбалар түшүп кетпесе экен деп, кудайдан тилеген чоң бир үмүтүм бар.

Кыргыз жарандарынын согуш чыгып кетсе кесепети Кыргызстанга да тиет деген кооптонуусуна АКШ баштаган антитеррористтик коалиция күчтөрүнүн «Манас» аэропортунда турушу себеп болууда. Бирок, чыгыш таануучу, педагогикалык университеттин эл аралык мамилелер кафедрасынын башчысы Авазбек Атахановдун ою боюнча ага эч бир негиз жок:

- Кайсы жерде болбосун, кайсы мамлекетте болбосун согуш болсо - ошол согуш боло турган жер өзгөчө чектелет. Биздеги «Ганси» атындагы аскердик база ага кирбейт. Эмне үчүн дегенде бизден Иракка чейинки аралык - 3 миң чакырым. Бул жерде жайгашкан авиа күчтөр ал жерге эч качан жетип бара албайт. Гансиде жайгашкан учактар Афганистандагы операцияларга деле аз колдонулууда. Себеби, аралык алыс.

Анткен менен Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги кокустан согуш чыгып кетсе жабыркашы мүмкүн деп,1-февралдан тарта автобус менен Иракка жакын жол менен Сауд Арабиясына ажылыкка баруучу миңге чукул жарандын сапар жолун өзгөртүүнү Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссияга сунуштады. Ал тууралуу министрликтин чыгыш мамлекеттер башкармасынын башчысы Жээнбек Кулубаев билдирди:

- Азыр Ирактын тегерегиндеги маселе чечиле элек. Бирок, ар кандай чечим болуп, согуш маселеси да чыгып калышы мүмкүн. Ошондуктан, биз муфтиятка жана Дин иштери боюнча комиссияга кат жөнөттүк. Анда «автоунаа менен барчу жолду ойлонуп көргүлө, мүмкүн болсо токтоткула» деп жаздык. Анткени, автоунаа менен барганда Ирандын аймагы менен өтөт. Согуш болуп калса биздин жарандар жабыркап калышы мүмкүн. Азыр ошол сунушту дин иштери боюнча мамлекеттик комиссия чечиши керек.

НАЗАРБАЕВ 'КАЗАКГЕЙТТЕН' КУТУЛАБЫ?

Нарын АЙЫП, Прага Казак президенти Нурсултан Назарбаев акыркы беш жылдын ичинде быйыл биринчи жолу Швейцариядагы Давос Экономикалык Форумуна катышты. Бирок форум 28-январда аяктаганына карабастан, ал Швейцарияда дагы калды жана 29-январда Киев шаарында өткөн КМШ саммитине да келген жок.

Швейцариянын Давос аттуу тоолуу курортунда жыл сайын өткөрүлүүчү Экономикалык форумга президент Нурсултан Назарбаев 1990-жылдарда такай барчу, бирок 1998-жылы Казакстанда ири коррупциялык чатак чыккандан кийин, ага катышпай калган. Ал коррупция ишин америкалык жана швейцариялык соттор эмгиче тергөөдө жана кээ бир эксперттердин айтымында, Назарбаевдин Давоско келбей калганы дал ошол тергөө менен байланыштуу болгон, анткени ал Швейцарияда суракка да алынышы мүмкүн болчу.

Батыш маалымат каражаттарына чыккан макалаларга караганда, Казакстандын мунай кендерин иштетүү үчүн Америка Кошмо Штаттарынын "Мобил" жана "Экссон" аттуу мунай компаниялары 1990-жылдардын орто ченинде казак жетекчилерине ири пара берген жана анын жүздөгөн миллион доллары Швейцария банктарындагы алардын жеке эсептерине которулган. Бул маселени швейцариялык гана эмес, америкалык соттор да тергей баштаганда, Казакстандын жаңы премьер-министри болуп дайындалган Имангали Тасмагамбетов былтыр чуулгандуу жарыя жасады. Анын айтымында, Швейцариянын бир банкындагы жашыруун эсепке президент Назарбаев чындап эле бир миллиард доллар которгон, бирок ал акча Назарбаевдин жеке өзүнө таандык эмес, ал каражатты президент жөн гана келечекте Казакстанда мүмкүн боло турган экономикалык кризистен сактаныш үчүн, өлкөнүн кызыкчылыгында гана Швейцарияда сактоону чечкен..

Кандай болгондо да, "Казакгейт" деген атка конгон бул чуулгандуу маселени азыр Нью-Йорк шаарындагы жогорку жюри изилдөөдө жана ишти аягына чыгарууга бир нече америалык сенатор да кызыкдар. Анткен менен, азыр - беш жылдан бери Швейцарияга келбей калган Назарбаевдин Давос форумуна катышканынын өзү бир топ суроо туудурууда. Казак президентинин Швейцарияга бара турганы бир кыйла кеч жарыяланды жана 20-январда башталган бул визиттин күн тартиби тууралуу президенттин басма сөз кызматы 18-январда да кабардар болгон эмес.

Эки күнгө уланган расмий сапардан кийин Назарбаев Экономикалык форумга катышуу үчүн калган, бирок анын учурунда ал эмне кылганы дээрлик белгисиз. Форум өзү алты күнгө созулганы менен, ага катышкан башка саясатчылар Давоско көбүнчө бир-эки күнгө гана келет. Назарбаев болсо форумдун башынан аягына чейин Швейцарияда жүрдү жана жыйын 28-январда аяктагандан кийин дагы өлкөдөн кеткен жок.

29-январда Киев шаарында өткөн Күнкорсуз мамлекеттер шериктештигинин бийик жолугушуусуна Назарбаев келүүгө тийиш болчу, бирок ал орус президенти Владимир Путинге телеграмма жиберип, 29-январда да анын Швейцариядагы жолугушуулары уланып жатканын билдирип, саммитке келбей калганы үчүн кечирим сурады. Он бир жылдын ичинде Назарбаев КМШнын бир да саммитинен буга чейин калган эмес.

"Казакстан демократиялык кыймылынын" саясий кеңешинин төрагасы Төлен Тохтасыновдун пикиринде, Назарбаевдин Швейцарияда "Казакгейт" маселесин чечүү менен алек болушу ыктымал:

- Расми түрдө Назарбаев Швейцариянын президенти, тышкы иштер министри жана башка жетекчилер менен жолукту. Бирок менин оюмча, ал Швейцарияда - 'Казакгейт' маселеси менен байланыштуу да жолугушууларды өткөрдү.

Акыркы жылдарда чет мамлекеттерге көп чыкпай калган Назарбаев Швейцариянын алдында башка да өлкөлөргө барганы жана ага каршы тергөө жүрүп жаткан Швейцариянын өзүнө да келгени, кээ бир эксперттердин пикиринде, Казакстандагы коррупция чатагы Назарбаев үчүн бир кыйла жеңилдегенинин белгиси.

ОРУСИЯДАГЫЛАР КЫРГЫЗСТАНДАГЫ РЕФЕРЕНДУМДАН КАБАРДАРБЫ?

Муса Мураталиев, Москва Кыргызстанда өтө турган референдум тегерегинде орус басма сөзүндө жана Орусиядагы кыргыздардын арасында кандай пикирлер бар экендигин учкай сөз кылабыз.

Мен кыргызмын дегендер кулак түрүп турган маселе бул жерде, Орусияда деле кыйла кеп болууда. Маселен, 30-январда «Московский Комсомолец» президент Аскар Акаев менен болгон ангемелешүүсүн жарыялады. Гезит кара тамга менен басып өз окуучуларына сайып көргөзө кеткен жеринде Кыргызстандын Конституциясына киргизилип аткан толуктоолор эки себептен улам экендиги белгиленет. Биринчи себепти гезит Акаевдин пикири менен билдирет:

- Азыр президенттик бийликтин бир бөлүгүн өкүмөт менен парламентке берүүгө кез келди.

Экинчи себепти гезит оппозициялык пикир менен билдирет:

- Акаевдин президенттик мөөнөтү 2005–жылы аяктайт... Анын ордун ким басат белгисиз. Кимдир бирөөгө ал кеңейтилген бийлигин ушул бойдон калтыруу – коркунучтуу.

Орусиянын ар тарабында кыргыз баласы кыйла эле бар, бирок алардын баары эле Ата мекенинде референдум өтүп атканын билет экен деш натуура болчудай. Маселен, Москвадагы радиоэлектрондук институттун окутуучусу, кыргыз илимпозу Акжолов Маматжанга телефон чалганыбызда ал мындай деди:

- Мен кабарлашканда, мени ким таанымак эле? Ким билет мени?

- Элчилик тараптан эч сөз болгон жокпу?

- Эми ал жерден деле мен эч кимди тааныбайм да. Мен ошо аякка барбайм деле. Чыкырбаса, жөн эле мен мына деп кантип барайын? Бул жерде кыргыз балдар көп да азыр. Бир эки жыл мурда уккамын жанагы кыргыздар коомун уюштурабыз дегенин. Мен айткамын, эгерде бир окуя чыгып калса, мага кабарлагыла, мен жазылам, катталам, колуман келген жардамымды берейин деп айткам.

- Референдум тууралуу пикириңизди угайын дедим эле.

- Андай референдум болуп атканын уктум, бирок мен анын программасын билбейм да, окуган да жокмун. Ал реформа эмнени берет? Мазмуну кандай экени менен тааныштыгым да жок. Ошону окуп чыксам анда айтат элем. Колума тийбеди. Болгону аталыштарын окуп атам. Балким бир жерде бардыр, бирок чукулап издеген жокмун. Эгер аны окусам анда ойлонот элем.


Ушул мисал айтып тургандай, Орусияда жашап аткан кыргыздар мекенинде өткөнү жаткан башкы мыйзам тууралуу референдумдан элдир-селдир кабардар. Аны колдоого алуу – коюу боюнча толук түшүнүктөрү жок десек деле жарашат.

Ачыгын айтканда, кыргыздар башын кошкудай Москвада тээ 90-жылдан бери коомдук уюм жок. Аттиң-ай деп тим болосуң. Эгерде Кыргызстандын элчилиги кез-кези бул калаадагы мен кыргыз дегенди сен ары тур, сен бери турга салбай, тегиз чогултуп, алардын бир эл экенин эсине салып коюп турганда, “Кыргыздар коому” өзүнөн өзү түзүлөт беле, дешет айрым маскөөлүк кыргыздар.

СЕУЛ ТҮНДҮК КОРЕЯНЫН КЫЙРАШЫН КААЛАБАЙТ

Баян Жумакадыр кызы, Прага Айрым аналитиктер Түндүк Кореяда жылдардан бери өкүм сүргөн ачарчылык менен жокчулук коммунисттик режимдин кулашын жакындатканын айтышат.

Аналитиктер менен саясатчылар Түндүк Кореянын ыктымал кыйрашы жөнүндө жылдардан бери кеп кылып келатышат. Коммунисттик режим бийликтен четтеген соң, өлкө түштүк улутташтары менен баш кошо турганынан күмөн санабаган Түштүк Кореяда, ал тургай, эки Корей өлкөсүн бириктирүү маселелери менен арпалышкан министрлик түзүлүп, биригүүнүн жол-жоболору менен ага жумшала турган чыгымдар эсептелди. Стратегдер болсо, биригүүнүн эки жолун - экономикалык реформалар менен коштолгон "тынчтык жолу" менен "Ким Чен Ирдин режимин төңкөрүү" жолун пландаштырып, ийне-жибине чейин анализдеп чыгышты.

Айрым аналитиктер экономикалык кризистин сазына белчесинен баткан Түндүк Кореяда абал жакшырбаса, коммунисттер бийлигин сактап кала албай турганын айтып жатышат. "Эл ачкадан өлбөс үчүн адал- менен арамды ылгабастан жеп калган жагдайда, режим канчалык күчтүү болбосун,- бийликте кала албайт",- дешет алар.

Мындай жоромолго Улуттар Уюмунун Кореяда иштеп, абалды өз көзү менен көрүп турган кызматкерлеринин билдирүүлөрү кошул-ташыл болууда. Түндүк корейлердин үчтөн бири азыр ООНдун гумжардамы менен күн көрөт жана уюм өлкөдө экономикалык реформалардын белгилери байкалбагандыктан, донор өлкөлөрдөн жардам топтоо барган сайын кыйындап баратканын белгилейт."Эгерде абал өзгөрбөсө, ачка отурган эл баары бир баш көтөрөт",- дешет алар.

Бирок Түндүк Кореяда иштеп жаткан батыштык дипломатар өлкөдө элдин массалык нааразылыгынын белгилери жок экенин айтышат. Түндүк корейлер жокчулукка көнгөн, аларды майтаруу оңой-олтоң боло койбойт. Анын үстүнө алар азыркы кыйын кезеңдин себепкери өлкөнү экономикасын жөндөй албаган өкмөт эмес, Түндүк Кореяны бөлүп салган дүйнө коомчулугу менен Америка баш болгон дүйнөлүк империализм деп эсептешет. "Ошон үчүн Түндүк корейлердин режимге каршы массалык көтөрүлүүсүн элестетүү азырынча мүмкүн эмес",- дешет дипломаттар.

Байкоочулар, ал тургай, коммунисттик режимдин башчысы Ким Чен Ир ички экономикалык кризисти жана өлкөнү өзөктүк программасына байланышкан сырткы жаңжалды өзүнүн бийлигин бекемдөө үчүн пайдаланып кеткенин белгилешет. Ооба, Түндүк Кореянын эли ачарчылык менен жокчулуктан жабыркап отурат, бирок бийликтин негизги тиреги - армия менен бюрократиянын карды ток, кийими бүтүн. Армияга акча аянбастан жумшалат. Батыштык серепчилер аскерлеринин саны боюнча дүйнөдө алдыңкы орундардын биринде турган Түндүк Корея баштан аяк заманбап каруу-жарак менен куралданганын айтышат. Непадам душманга кол салуу, же чабуулга жооп кайтаруу зарыл болсо, Түндүк Корея ракеталары менен жанындагы кошуналарынын таш-талканын бир эле түндө чыгарып койушу ыктымал. Муну жакшы түшүнгөн Сеул акыркы кезде Түндүк Кореянын биринчи душманынан "жакшы санаалаш" кошунасына айлануунун аракетин кылып калды. Эки корей өлкөсүн бириктирүү боюнча жылдардан бери ийге келтирилип келаткан стратегия "тынчтык жолу" менен ишке ашырылган күнү да, биригүү ага кандай толгон-токой түйшүк менен проблемаларды жарата турганын расмий Сеул кадимкидей элестетип, эсине келген шекилденет. Өткөн жумада Американын Си-Эн-Эн сыналгысына берген интервьюсунда Түштүк Кореянын президенти Ноо Хуу Мен: "Түндүк Кореянын кыйрашы - Бүткүл Корея үчүн чоң алаамат болот. Биз буга жол бере албайбыз!" - деп билдирген. "Түндүк Кореянын кулашы менен туруктуу аскердик коркунуч жок болуп калганы менен, башка проблемалар чыгат. Биз миллиондогон качкындардын агымына дуушар болобуз!" - деп кошумчалаган президент.

Түштүк корей экономисттеринин болжолунда, эки өлкөнүн биригүүсү - өтө татаал процесс. Эгерде ал ары дегенде 10 жылга созулаарын эсептегенде, Сеул баары болуп 200 миллиард доллар сарптайт. Samsung Securities деген илимий изилдөө институтунун маалымдашынча, түндүк корейлердин жашоо деңгээлин түштүк кореялык кембагалдардын деңгээлине чыгаруу үчүн эле Сеул жылына бюджетинин кеминде 30 процентин сарпташы керек. Эксперттер Түштүк Корей экономикасы мындай оор жүктү көтөрө албай турганын айтышат.

ПРЕЗИДЕНТ БУШ: ИРАК ЭЛИН БОШОТУШ КЕРЕК

Нарын АЙЫП, Прага АКШ президенти Жорж Буш 28-январь күнү Конгресстин эки палатасынын депутаттарынын алдында чыгып сүйлөп, америкалык элге кайрылды. Анын айтымында, эл аралык коопсуздукка болгон негизги коркунуч азыр - кеңири кыргын салуучу курал өндүрүүгө аракеттенген мамлекеттерден чыгууда, ошондуктан, андай өлкөлөрдүн бири болгон Ирактын жетекчилигин бийликтен кулатуу алгылыктуу.

Президент Жорж Буш 28-январь күнү Конгрессте чыгып сүйлөгөндө, анын сөзү 77 жолу кол чабуулар менен үзүлдү. Конгресстин имаратынын алдында болсо, жүздөгөн адам чогулуп, даярдалып жаткан согушка каршылык билдирди. Буш өз сөзүндө бир нече маселеге токтолду, алардын арасында америкалык экономикадагы кыйынчылыктар, Түндүк Корея менен Ирандан чыккан коркунуч, Африка өлкөлөрүнө жайылып бараткан СПИД маселеси, адам баласын клондоо жана башкалар болду. Бирок америкалык жарандар да, дүйнөнүн башка өлкөлөрүнүн эли дагы Буштун сөзүн Ирак маселеси менен байланыштуу чыдамсыздык менен күткөн, жана президент ал жөнүндө да катуу айтты.

Президент Буш Ирак элине түз кайрылып, өлкөнүн айланасында топтолуп жаткан америкалык аскерлерден коркпош керек деп билдирди:

- Силердин душман өлкөнүн сыртында эмес, силердин душман өлкөнү башкарууда. Жана ал бийликтен кулатылган күн - силердин боштондукка чыккан күнүңөр болот.

Буш өз сөзүндө, андан тышкары, Бириккен Улуттардын Копсуздук Кеңешине кайрылып, Ирак маселесин 5-февралда кайрадан кароого чакырды. Анын айтымында, АКШнын мамлекеттик катчысы Колин Пауэлл Коопсуздук Кеңешине Ирак жетекчилигинин кылыктары тууралуу америкалык чалгындоо кызматтарынын маалыматтарын тартуулайт.

Буштун Конгрессте сүйлөгөнүнө караганда, Иракта азыр күйдүргүнүн 25 миң тонна тоскогу, ботулизм оорусун баштаган микробдун 38 миң тоннасы, башка уу заттардын миңдеген тонна кору бар. Президент Саддам Хусейн болсо, эл аралык текшерүүчүлөр менен жолугуп-сүйлөшкөн ирактык окумуштууларды жана алардын туугандарын өлтүрүүгө буйрук берген. Андан тышкары: "Чалгындоо кызматтары тапкан жана камакта жаткган адамдардан алынган маалыматтарга караганда, Саддам эл аралык террорчуларга, алардын ичинде "Аль-Каида" уюмунун мүчөлөрүнө да жардамдашып, аларды коргогон", - деди Буш.

Ошондуктан, президент Буш өз сөзүндө ал тууралуу түз айтпаса дагы, Иракка каршы согуш жакында баштала тургандай. Анткен менен, америкалык эл арасындагы пикир акыркы мезгилде бир кыйла өзгөрдү жана мындан бир жыл мурда Иракка каршы согуш баштоону суралгандардын 80 пайызы колдосо, азыр алардын саны 60 пайызга чейин кыскарды. Бириккен Улуттардын чечимисиз согуш баштоо ниетин болсо азыр америкалык элдин жарымынан азы гана колдойт.

"Нью-Йорк Таймс" гезити менен "Си-Би-Эс" сыналгысы жакында өткөргөн сурамжылоонун жыйынтыктарына караганда, Ирак маселеси менен салыштырганда, Америка калкы өлкөнүн экономикасындагы кыйынчылыктар жөнүндө эки эсе көп тынчсызданат. Конгресстин Эл өкүлдөр жыйындагы Демократиялык партиянын депутаттарынын лидери Нэнси Пелосинин айтымында, өлкөдөгү экономикалык абал азыр өтө опурталдуу:

- Мындан эки жыл мурда бийликке президент Буш келгенден бери, өлкөнүн жеке менчик бизнесинде эки миллион 300 миң кызмат кыскартылды. Бул тармакта мынчалык жаман көрсөткүчтөр Экинчи дүйнөлүк согуштан бери болгон эмес.

Кээ бир эксперттердин айтымында болсо, президент Буш өзүнүн атасынын кейпин да кийип калышы ажеп эмес. Ал дагы 1991-жылы Иракка каршы согушта утуп, бирок өлкө экономикасынын начарлашынан улам, экинчи мөөнөткө президент болуп шайлана албай калган.

ИРАК КООПСУЗДУК КЕҢЕШИНИН 1441-РЕЗОЛЮЦИЯСЫН ТОЛУК АТКАРАБЫ?

Бириккен Улуттар Уюмунун аскерий инспекция башчыларынын доклады Коопсуздук кеңешинде катталган дипломаттар арасында Ирактын каруу жарак эксперттери менен кызматташуусуна карата жалпы кооптонууну жаратты. Бирок, Ирак боюнча Коопсуздук кеңеши кабыл алчу жаңы резолюциянын тегерегинде биримдик жок.

Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук кеңешинде Ирактын БУУнун аскерий эксперттери менен кызматташуусу жөнүндөгү докладды талкуулоо уланууда. Шаршемби күнкү жабык эшик артында өтчү жыйында каруу жарак инспекциясынын жетекчилери Х.Бликс жана М. ал-Барадейи кеңеш мүчөлөрүн Ирактын өзөктүк, химиялык, биологиялык жана баллистикалык ракеталар боюнча программасынын техникалык өзгөчөлүктөрү менен тааныштырышат.

Жыйында кеңеш мүчөлөрү Иракты куралсыздандыруунун келечек жолою боюнча кандай бүтүмгө келери да айкын болот деп күтүлүүдө.

Шейшембиде бир катар өлкөлөр Ирак бийликтеринин, Х.Бликс айткандай, “инспекция менен жан-дилинен кызматташпаганына” байланыштуу кооптонуусун билдирди.

Болгариянын Улуттар Уюмундагы элчиси Стефан Тафровдун айтышынча, Ирак өз демилгеси менен кызматташуусу үчүн, Коопсуздук кеңеши Иракка кысым жасашы шарт:

- Көпчүлүк делегаттар Ирак бийликтери инспекторлор менен арабөк кызматташканын соңку масилээт учурунда оң табышпады... Биздин жалпы пикирибиз боюнча Иракка бир аз кысым жасалышы абзел.

Болгария Коопсуздук кеңешинин 15 мүчөсүнүн бири.
Президент В. Путиндин шейшемби күнү Киевде кабарчылар менен болгон кездешүүдө айтканына караганда, узакка дейре Ирактын таламын жактап келген кеңештин туруктуу мүчөсү Россия да ушундай пикирге оой баштаган сыяктуу:

- Эгерде Ирак инспекциянын ишине бут тосуп, проблема түзө баштаса, Россия өз позициясын өзгөртүшү мүмкүн. Биз Коопсуздук кеңешинин туруктуу мүчөлөрү менен, анын ичинде АКШ менен мүмкүн болгон башка жолдорду табуу үчүн чогуу иштейли деген ниеттебиз.

Мисирдин президенти Хосни Мубарак да шейшемби күнү “Arab daily” гезитине берген интервьюсунда Ирак аскерий эксперттердин ишине бөгөт кое берсе, согушка кабылат деп эскерткен.

Бирок Ирак тарап БУУнун инспекторлорунун доклады текшерүүнүн натыйжасын туура чагылдырбайт деп санайт. Президент Саддам Хусейндин кеңешчиси Амир Рашид 28-январда Ирак жетекчилигинин азыркы позициясы тууралуу мындай деп билдирген:

- Албетте, келечекте да кызматташууга, зарыл болсо, колубуздан келген бар аракетти жасоого даярбыз. Мунун баары, арийне, кызматташуунун чегинде болот. Бизге ишенбөөчүлүк менен мамиле кылган абалдын жаралышын каалабайбыз жана биз күнөөсүз экенибизди далилдешибиз керек.

Ирак бийликтери мындай дегени менен, БУУнун байкоо салуу, тастыктоо жана контролдоо комиссиясы - ЮНМОВИК шейшемби күнү ирактык илимпоздор менен жекеме жеке сүйлөшүүгө мүмкүнчүлүк берилбей жатат деп, ырасмий Багдадга доомат арткан.
ЮНМОВИКтин өкүлү Хиро Уэкинин билдиргенине караганда, Ирак тарап илимпоздор ырасмий күбөлөрсүз суралышына каршы турууда:

- Бүгүнгө чейин ЮНМОВИК ирактык 16 адам менен ырасмий эмес шартта сүйлөштү. Лекин, жакын арада андай сүйлөшүүлөр болбойт. Коопсуздук кеңешинин 1441-резолюциясына ылайык, ЮНМОВИК тиешелүү адамдар менен жекеме-жеке сүйлөшүүнүн амалын издейт.

Х.Бликс дүйшөмбү күнү Коопсуздук кеңешинде жасаган кайрылуусунда Ирактын каруу жарак программасына катыштыгы бар адамдарды бейырасмий шартта суроого шарт түзүп берүүгө чакырган. Анткени, мурдакы текшерүү маалында илимпоздор Ирактын массалык кыргын салчу куралдары тууралуу баалуу маалыматтарды, бийлик өкүлдөрүсүз, жекеме-жеке өткөн сүйлөшүү учурунда беришкен. Ошондо да сүйлөшүү жүрүп жаткан жайга ирактык ырасмий адамдар эскертпей-турбай кирип келген учурлар көп болгон деген Х.Бликс.

БОЛОТ ЖАНУЗАКОВ: «ОППОЗИЦИЯГА ДАГЫ ЭМНЕ КЕРЕК?!»

Президенттик администрациянын коргоо жана коопсуздук иштери бөлүмүнүн башчысы Болот Жанузаков кабарчыбызга берген маегинде “Президент Аскар Акаев өзүнүн ыйгарым укуктарын бекемдөөнү дагы бир ирет референдумга алып чыгып эрдикке тете иш кылды” деген пикирин айтты. Жанузаков ошондой эле “конституциялык реформа тууралуу сөз бир жылдан бери жүрүп келатат, андыктан жалпы элдик добуш берүүнүн 2-февралга белгиленгени шашылыш болгон жок” дейт.

- Болот мырза, ОБСЕ жана АКШнын Улуттук демократиялык институту баштаган бир катар эл аралык уюмдар жана Кыргызстандагы айрым саясий партиялар, бейөкмөт уюмдар “референдумдун 2-февралга белгиленгени шашылыш болду, аны артка жылдыруу керек” дешүүдө. Референдум чындыгында эле чукул белгиленип калган жокпу?

- Өзүңүздөр билесиздер, президент Аскар Акаевдин демилгеси менен конституциялык реформа жүргүзүү маселеси бир жылдан бери көтөрүлүп келатат. Президент Аскар Акаев оппозициянын кандай гана талаптарына өзүнүн макулдугун берген жок! Бүгүн ошол эле Конституциялык Кеңештин ишине катышкан оппозициянын айрым өкүлдөрү кайрадан чуу чыгарып жатышат. Алар убакыт тар болуп калды дешүүдө. Конституциялык реформа тууралуу сөз бир жылдан бери айтылып келсе, анын акыркы беш айында түздөн-түз талкуу жүрсө – анан кайдан убакыт тар болуп калат? Муну оппозициянын жумурткадан кыр издеп, бөйрөктөн шыйрак чыгарып жатканы деп гана баалоого болот. Эгерде дагы эле убакыт созо берсек теңирден тескери болот го. «Оппозициябыз» дегендер ушул эле кыргыздын акылдуу-эстүү жигиттери, бирок, ушул бир ымалага келип, макулдашылып чечилген нерседен кайра кайтып турганыбыз туура эмес.

- Башмыйзамдын жаңы редакциясына Конституциялык Кеңеште макулдашылбаган статьялар кирип кетип, тескерисинче, бир ымалага, консенсуска келген принциптер кирбей калыптыр деген пикирлер айтылууда. Алсак, парламентке партиялык тизме менен шайлангандардын санын көбөйтүү Конституциялык Кеңештеги бирден-бир принципиалдуу маселе катары талкууланды эле.

- Сөзүңүздүн төркүнүн түшүнүп турам. Бул дагы эч кандай негизи жана жүйөөсү жок куру сөздөр. Себеби, партиялардын өнүп-өсүшүнө эми жакшы шарт түзүлөт. Мурда кандай эле? Мурда партиялык тизме деп коюп, шайлоочулар кандай адамды парламентке шайлап жатканын билишчү эмес. Азыркы жаңы редакциядагы Конституцияга ылайык ар бир партия каалаган округуна барып, өз талапкерлерин аламан жарышта сыноого шарт түзүлүп отурат. Мен муну нака демократия катары баалайм.

- Болот Чыныбаевич, референдум жакындаган сайын бийлик менен эркин байкоочулардын тирешүүсү күч алгандай түрү бар. 27-январда «Демократия жана жарандык коом үчүн» коалициясы көз карандысыз байкоочуларга бийлик органдары эмитен эле кысым көрсөтүп, аларды коркутуп-үркүтө баштагандыгын айткан атайын билдирүү менен чыгышты. Референдумду көзөмөлдөөчү коомдук штаб да ушундай эле пикирде…

- Сөздүн чыны жакшы эмеспи, ачык эле айтайын, бул – калп. Бул Эдил Байсаловдун учуруп жаткан өрдөктөрүнүн бири болсо керек. Башка сөз айталбайм. Себеби, референдум канчалык тынч жана уюшкандыкта өтүп кетсе, элге да, бизге да ошол чоң олжо. Ал эми жанагы «бийлик байкоочуларды коркутуп-үркүтүп жатат» деген сөз чындыкка коошпогон калп сөз. Ушунча болуп мен андайды уга элекмин. Байсаловдун уюму жазып чыгыптыр, ошол жерден окуп, ичимен ооруп «аттиң ай!» деп тим болдум. Эгер Эдил Байсаловдо ошондой фактылар болсо мага ушундай кысымдар болуп жатат деп айтсын. Анан болбогонду болду деп калпты-чынды койгулаштырып жаза бергени туура болбойт. Биздин негизги максатыбыз - референдумда ар кандай кокустуктарга жол бербей, аларды болтурбай коюунун алдын алуу болуп эсептелет.

- Референдумга коюлуп жаткан экинчи суроо тууралуу. Президент Аскар Акаев өзүнүн 2005-жылга чейинки ыйгарым укуктарын референдумда дагы бир ирет бекемдеп алууну чечти. Эгер көпчүлүк эл «ооба» деп жооп берсе, анда жаңы редакциядагы Конституцияга ылайык Аскар Акаев кайра баштан биринчи мөөнөткө отуруп калат деген пикирлер айтылууда. Анын үстүнө парламент дагы элдин ишенимин дагы бир жолу алган президент референдумдан кийин бизди таратып жиберет деп чийки май жегенсип дүрбөп калды. Эмне себептен экинчи суроо референдумга коюлуп жатат?

- Экинчи маселенин келип чыгышына ошол эле оппозициянын талаптары негиз болгон. Президент оппозициянын талаптарын кабыл алып, «ушундай жолго барганым Кыргызстандын өнүп-өсүшүнө шарт түзөбү» деп өзүнүн ыйгарым укуктарынын көбүн парламентке жана өкмөткө өткөрүп берди. Биз президентти мурдагы Конституция менен, ыйгарым укуктары азыркыга караганда көп кылып шайладык эле. Анда мамлекет башчысынын бийлиги чоң болчу. Азыр ыйгарым укуктарын бөлүшүп жаткан соң президент элге дагы бир жолу чыгып, бөлөк ыйгарым укуктар менен реформаларды аягына чыгарайынбы деп суроо салууга укугу бар. Мен муну Президенттин атуул катары да, саясатчы катары да жасаган чоң эрдиги катары баалайм. Эми дагы эмне керек оппозицияга?!…

ШАРОНДУН ШАЙЛООДОН КИЙИНКИ ӨКМӨТҮ КАНДАЙ БОЛОТ?

Улан Алымкул уулу, Прага Израилдин премьер-министри Ариэл Шарон партиясы шейшемби күнкү парламенттик шайлоодо жеңишке жетишкенден кийин кеңири коалициядагы өкмөт түзөөрүн билдирип, калган саясий күчтөрдү биримдикке чакырды. Шайлоодо экинчи орун алган Эмгек партиясы бул ирээт Шарондун "Ликуд " партиясына өнөктөш болбой турганын жарыялаганына караганда, жөөт өкмөтүнүн жаңы курамы оңчул, борборчул жана диний партиялардын өкүлдөрүнөн куралаары күтүлүүдө.

Быйылкы парламенттик шайлоо калктын катышуусу жагынан Израилдин тарыхындагы эң төмөнкү көрсөткүчтү жаратты. Добуш берүүгө шайлоочулардын 69% келген. Шайлоонун жыйынтыктарына ылайык, Израилдин азыркы премьер- министри Ариэль Шарондун "Ликуд " партиясына Кнессеттеги 120 орундун 37си тиет. "Ликуддун " башкы атаандашы – Эмгек партиясы ээлей турган орундардын саны 19. Мурда күтүлгөндөй эле үчүнчү орунду борборчул жана динге аралашпаган "Шинуй", төртүнчү орунду болсо ашынган динчил "ШАС" партиясы ээледи. Эми Израилдин премьер- министри Шарондун алдында парламенттик көпчүлүктү камсыз кылыш үчүн калган партиялар менен биригип, коалициялык өкмөт түзүү милдети турат. Андыктан, шайлоодон кийин жактоочулары алдында сүйлөгөн сөзүндө Шарон бөлгөндөн көрө бириктирген нерселер арбын экенин белгилеп, калган саясий күчтөрдү биримдикке чакырды:

-Сиздер жеңишке кубана аласыздар, бирок майрамдоого жүйөө жок. Террорчул уюмдарга каршы кампания бүтө элек жана күн сайын курмандыктарды талап кылууда. Үстүбүздө Ирактын коркунучу турат, социалдык-экономикалык кризис азыр деле экономиканын стабилдүүлүгүнө жана бардык жөөт жарандарынын бакубат турмушка жетүү мүмкүнчүлүктөрүнө шек келтирүүдө. Мен бул жерден президент мага өкмөт түзүүнү тапшыргандан кийин сионисттик партиялардын баарына, биримдик өкмөтүнө мүмкүн болушунча кеңири катышуусу үчүн кайрылаарымды жарыялайм.

Шайлоодо экинчи орун алган солчул Эмгек партиясынын лидери Амраам Мицна башында эле анын партиясы бул ирээт Шарондун өкмөтүнө кирбей турганын билдирген. Бул тууралуу ал шайлоодо жеңилгени аныкталгандан кийин да айтты. Эмгек партиясынын лидери белгилегендей, алардын максаты Шарон менен кызматашуу эмес аны алмаштыруу:

- Менде министрлик кызматка үмүттөнүп, жолдон кетенчиктөө ниетим жок Мен бул жерден "Шинуй" партиясына кайрылып, шайлоочуларга берген убадасын орундатууга, оңчул нуктагы партияга кошулбай оппозицияга өтүп, оңчул өкмөткө атаандаш катары күрөшүүгө чакырам.

Ушундан улам баяндамачылар Шарондун өкмөттөгү негизги өнөктөшү катары шайлоодо үчүнчү орунду алган "Шинуй " партиясын аташууда. Аталган партиянын жашы жетимиштен ашып калган лидери Йосиф Лапид мындай дейт:

- Биз Израил коомунун түспөлүн өзгөртөбүз. Мен чоң жоопкерчиликти сезип жатам. Биз өкмөт түзүүгө, анын саясатын, Израилдин жүзүн аныктоого катышабыз. Себеби, калктын көпчүлүгү ушуну айтышты.

Ал эми палестин тараптын ишениминде, шайлоодон кийин деле Израилдин саясатында өзгөрүү болбойт. Жаңы өкмөттүн жакынкы келечекте тынчтыкты жана коопсуздукту камсыздаары күмөндүү. Палестинанын маалымат министри Яссер Абед Раббо:
- Мен жөөт коомчулугу олуттуу кризисти баштан кечирүүдө деген ишенимдемин. Алар тынчтыкты жана коопсуздукту көздөөдө. Бирок, алар тынчтыкка жана коопсуздукка каршы күчтөр үчүн добуш беришти. Алар жакын арада бул жолку шайлоо тарыхый жаңылыштык болгонун билет деген ойдомун.

Йерусалим менен Тель-Авивден түшкөн маалыматтарга караганда, Израилдин жаңы өкмөтү оңчул, борборчул жана диний партиялардын өкүлдөрүнөн куралаары күтүлүүдө. Премьер-министр Ариэл Шарондун кеңешчилери билдиргендей, өкмөттү түзүү иштери үч аптанын ичинде аяктамакчы.

ПРЕЗИДЕНТ АСКАР АКАЕВ НАРЫН ОБЛАСТЫНЫН АКТИВИ МЕНЕН ЖОЛУГУШТУ

Дамир Калыков, Нарын Президент Аскар Акаев 29-январда Нарын областынын активи менен жолугушту.

Президент Аскар Акаевдин Нарын областынын активи менен жолугушуусу Кочкор айылындагы «Соңкөл» маданият үйүндө өтүп, ага Нарын областынын жетекчи кызматкерлери, бейөкмөт уюмдардын жана массалык маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү катышты. Президент Аскар Акаев адегенде айыл-чарба жана өнөр-жай продукцияларынын көргөзмөсү менен таанышып чыкты. Андан кийин мамлекет башчысы жолугушууга келгендердин алдында бир саатка жакын сөз сүйлөдү. Конституциялык Кеңешменин аткарган иши тууралуу Президент:

- Мен бир сөз менен эле айтайын. Контитуциялык Кеңешме үзүрлүү иштеди. Туура, кызуу талаш-тартыштар болду. Бирок биз аягында компромисске, консенсуска келип, негизги, принципиалдуу маселелерди тактап алдык. Бул КМШ өлкөлөрүндө биринчи жолу тарыхый окуя болду. Биринчи жолу бийлик менен оппозиция бир үстөлгө отуруп, ийри отуруп түз сүйлөшүп дегендей, Конституцияга кирүүчү өзгөртүүлөрдү биргелешип консенсус негизинде тактап алдык, - деди.

Конституциянын жаңы редакциясындагы Жогорку Кеңештин ролу тууралуу Аскар Акаев:

- Сиздерде «Эмне үчүн парламенттин ролу жогорулады?» деген суроо пайда болушу мүмкүн. Биз пландуу экономикадан рынок экономикасына өтүп, биринчи этабын артка калтырдык. Ошол реформалардын баарын башка КМШ мамлекеттериндей эле Президенттин жарлыгы менен алга жылдырып келдик. Эми КОР программасын кабыл алдык. Анын максаты - өткөөл экономикадан туруктуу экономикага өтүү. Ал үчүн туруктуу мыйзамдар керек, ал эми андай туруктуу мыйзамдарды күчтүү жана үзүрлүү иштеген Жогорку Кеңеш кабыл алат экен. Ошол себептүү парламенттин ролун жогорулатууну туура көрдүк, - деген пикирин айтты.

Чогулушка катышкандардын бардыгы тизме менен киргизилгендиктен, сөз сүйлөгөндөрдүн баары Президент Аскар Акаевдин саясатын колдой тургандыктарын бир ооздон белгилешип, сын пикирлер айтылган жок. Чыгып сүйлөгөндөр кыргыз оппозициясынын иш-аракеттерин «түп-тамырынан бери туура эмес» деп сыпатташып, ага карата олуттуу чара көрүлүшүн талап кылган кептерин айтышты.

«Референдумдун мөөнөтү чукул белгиленип калган жокпу?» деген суроого Жогорку Кеңештин депутаты Турдакун Усубалиев мындайча жооп узатты:

- Чукул деген туура эмес. Себеби Конституциялык Кеңеш эки айдан ашуун талкуулады. Анын негизинде Президент Аскар Акаев долбоорду элдик талкууга алып чыкты. Элдик талкуу болсо эки айдан ашуун созулду.

«Каунтерпарт Консорциум» фондунун Нарын областындагы жарандык коомду колдоо борборунун башчысы Эрлан Карыбай уулу бейөкмөт уюмдарга кысым жасалууда деген пикирде:

- Негизинен бийлик тарабынан оппозицияга кошулуп кетти деген негизде кысымдар болууда. Биз оппозицияга да кошулган жокпуз. Долбоорго киргизилген кийинки эки өзгөртүүлөр болсо жарандык коомдун кызыкчылыгындагы маселелер болчу,- дейт ал.

Жолугушуунун соңунда Аскар Акаевдин «Ойдон кетпес он жыл» деген китеби бекер таратылды.

АБСАМАТ МАСАЛИЕВ: «12 ЖЫЛДАН БЕРИ БУЛ КОНСТИТУЦИЯ МУРУНКУСУНАН ЖАКШЫ ДЕП ЭЛЕ КЕЛАТЫШАТ»

2-февралда Кыргызстанда өтүүчү референдумга коюлган конституциялык өзгөрүүлөрдүн айланасындагы талашка чекит коюла элек. Жаңыланып аткан Башмыйзамда президент Акаевдин жеке бийлиги дагыле күчтүү бойдон калып жатканы айтылууда. «Азаттыктын» кабарчысы Бекташ Шамшиевдин Конституциялык кеңешменин теңтөрагасы Абсамат Масалиев менен маеги Башмыйзамдын жаңы редакциясынын айланасында жүрдү.

- Конституциялык кеңешме тарабынан макулдашылган вариантты эксперттик топ кайрадан иштеп чыккандан кийинки талаш-тартыш дагыле улантылууда. Оппозициянын 3 талабы Башмыйзамдын жаңы редакциясына кошумча өзгөртүү катары киргизилди. Бул оппозициянын жүйөөсүн азайтып салбайбы?

- Оппозициянын пикири эске алынды, Башмыйзамдын жаңы редакциясына үч чоң өзгөртүү киргизилди, десек аныбыз чындыкка кичине коошпой калат. Туура, бирин-экин майда өзгөртүүлөр киргизилди, бирок негизги маселе баштагыдай эле калды. Жаңы редакцияга Конституциялык кеңешмеде иштелип чыккан өзгөрүүлөр кирбей, парламенттин укугу чектелип, президенттин бийлиги кыйла кеңейди.

Конституциянын 47 беренесине өзгөртүү киргизилип жатат. Эгер ошол 47 өзгөрүүнүн 17сине макул, калганына каршы болсо шайлоочу кантип добуш берет? Бул үчүн референдум жөнүндө конституциялык мыйзамды кабыл алуу керек болчу. Конституциянын 1-беренесинин 5-пунктунда референдумду өткөрүүнүн тартиби конституциялык мыйзамдын негизинде аныкталары жазылган. 47 беренеге кантип бир добуш берүүгө болот? Ошентип, референдум конституциялык мыйзамы жок өтүүдө, чоң катанын бири ушул.

Конституцияга президенттин жоопкерчилигин жазып коюуну сунуш кылганбыз. Азыркы Конституцияда президенттин жоопкерчилиги тууралуу бир да сөз жок. Бирок биздин сунуш колдоо таппады. Жаңы редакцияда партиялык тизме боюнча шайлоо алынып салынды. Мунун натыйжасы трайбализмге, жек-жааттыкка, уруучулуктун күчөшүнө алып келет, мындан ары майда улут өкүлдөрүнүн парламентке шайланышы кыйынга айланат.

Мурунку референдумда президент, анын үй-бүлөсү мамлекеттин эсебинен жашаары 49-берененин 2-пунктунда жазылып калган. Эми буга экс-президент менен үй-бүлөсү кошулду. Конституциялык кеңешмеде бул маселени эч ким көтөргөн эмес. Жаңы редакцияда президент кызматтан кеткенде анын үйү, машинасы, байланыш каражаттары, архиви өзүндө калары, мунун баары мыйзам тарабынан корголору жазылган. Андай болгондо 12-15 жыл ичинде президент кол койгон документтер, указдар, токтомдор, чечимдер, иш кагаздары президенттин менчиги болуп калат, аларды башка бирөөлөр окуй албайт. Президент архивге ээ болгондо ал бийликте турган жылдар - Кыргызстандын тарыхынын бир мерчеми актай калат. Эмне үчүн кол тийбестик жалгыз эле президентке эмес, анын үй-бүлө мүчөлөрүнө таралышы керек? Биз: «макул, президент кызматтан кеткенден кийин ага жакшы мамлекеттик пенсия бөлүп берели, жакшы жашасын, бирок муну өзүнчө мыйзамда жазалы» дегенбиз. Бирок, президент буга макул болбой, түздөн-түз Конституцияга киргизип койду.

Парламент бүжөт, каржы маселерине байланышкан мыйзамды кабыл аларда өкмөт менен акылдашып, анын макулдугун алат. Бул туура маселе. Жаңы редакция боюнча, парламент бардык мыйзамдарды өкмөттүн макулдугу боюнча гана алууга укуктуу. Өкмөт макул болбосо, ал бир да мыйзам кабылдай албайт. «Чөнтөк» парламент ушинтип жаралат. Муну биз туура эмес деп эсептейбиз. Өкмөт парламенттин айрым ыйгарым укуктарын пайдаланары жөнүндөгү жаңы редакциянын жобосу да туура эмес. Парламент өкмөткө ишеним көрсөтпөй койо алат, аны президент колдобой деле коюшу мүмкүн. Президент парламентти таркатып ийүүгө да акылуу. Бирок ошол эле кезде президентке импичмент жарыялоо механизми өтөле татаал. Президенттин жанына жакын бара албайсың. Бул президенттин жоопкерчилигин жоготот. Мына, мисалы, Конституцияны бузуп Кытайга жерди берип жиберишти. Бирок, президентке импичмент жарыялоо мүмкүн эмес. Жаңы редакция боюнча өкмөткө салыктардын өлчөмүн чечүү укугу берилүүдө.

- Диктаторлук режимдер бийликти көбүнчө референдумдардын жардамы менен орнотуп алышат, Кыргызстандагы конституциялык реформанын натыйжасында парламентке, өкмөткө кыйла укук, мүмкүнчүлүк берилгени менен президенттин чексиз бийлиги сакталып калууда, деген пикирлер айтылып жүрөт. Бул боюнча сиздин оюңуз кандай?

- Парламент өкмөткө ишеним көрсөтө алат, аны президент кабыл алышы мүмкүн же четке кагып коюшу ыктымал. Президент өкмөткө шылтап парламентти таркатып ийе алат. Мурунку Конституцияда президентке чексиз бийлик берилген эле, эми дагы ошондой эле бийликти өзүнө алууда. Бул коомдогу карама-каршылыкты күчөткөндөн башкага жарабайт. Мына ушуларды эске алып, биз референдум мөөнөтүн жок дегенде май айына чейин жылдыруу сунушун айтып атабыз. Ага чейин референдум тууралуу конституциялык мыйзамды кабылдап, жаңы редакциянын өзгөртүүлөрүн кенен талкуулап, анан элге алып чыгалы деп жатабыз. Биз референдумга каршы эмеспиз, өткөрөлү. Референдум конституциялык мыйзамдын негизинде өтсүн деп атабыз. Президент 12 жылдан бери эле «ушул Конституцияга добуш берсеңер жыргал болот, турмушуңар оңолот» деп келатат. Өздөрү эле байып атышат, оңолгондор деле өздөрү.

МЫЙЗАМ ЧЫГАРУУ ЖЫЙЫНЫНЫН ТӨРАГАСЫ АБДЫГАНЫ ЭРКЕБАЕВ РЕФЕРЕНДУМ МАСЕЛЕСИ БОЮНЧА ОЙ БӨЛҮШӨТ

Кыяс Молдокасымов, Бишкек «Референдум чукул өткөрүлүп жатат деген пикирге кошула албайм. Анткени мурдагы өткөрүлгөн референдумдар деле элге 16-20 күн мурда жарыя кылынчу. Парламент тууралуу ар түрлүү пипкирлердин айтылышын мен мыйзам ченемдүү көрүнүш катары кабылдайм», - дейт «Азаттык» үналгысына берген интервьюсунда спикер Абдыганы Эркебаев.

- Абдыганы мырза, референдумдун чукул өтүшүнө карата, сиздин
пикириңиз кандай?


- Биринчиден, мен тактап койгум келет, бул жолку референдум чукулдук жагынан өзгөчө айырмаланган жок. Менин эсимде абдан так сакталып турат, 1998-жылы өткөн референдумда 15-16 күн эле белгиленген болчу. Мурдагы референдум деле 15-16, кээде 20 күн мурда жарыя кылынган. Көп болсо бир ай мурда белгилүү болуп жүрөт мөөнөтү. Ошого караганда күтүлбөстүк жаңылык деп айта албайм. Ал эми жалпы элдик талкууну кошо эске алганда, бул 2-3 айлык мөөнөт болуп атпайбы. Демек эл мурда ушундай мүмкүндүктү билген, талкууга катышкан, убакыт жагынан кызыккан, кайдыгер эмес адам болсо, менимче өзүнүн ойун даана билдиргенге шарт болду, акыркы текст колдоруна жетишсе, окууга үлгүрүшсө деген гана тилекти айткым келет.

- Конституциялык кеңештин акыркы жыйынында дагы көпчүлүк Конституциялык кеңештин мүчөсү катары, сиз өзүңүздүн сын-пикириңизди айттыңыз эле. Бул Эксперттик топ иштеп чыккан Конституциянын жаңы редакциясында бир топ мүчүлүштүктөр болуп калыптыр, муну эске алыш керек деп. Ушул жагынан да оюуңузду уксак.

- Туура. Жалпы талкуудан кийин, президент 2-январда эле эксперттик топту түзүү жөнүндө жарлыгын чыгарбадыбы. Мен аны мыйзамсыз деп айта албайм, президенттин толук акысы бар. Ал конституциялык жактан эч кандай шек санатпайт. Эксперттик топко 13-январга чейин деп мөөнөт коюулган. Конституциялык кеңешменин мүчөлөрү ошол күнү саат 4кө өкмөт үйүнө чакырылды. Мен деле Конституциялык кеңештин мүчөлөрүнүн бири катары, ойлодум эле, эксперттик топтун иши бүттү деп. Даярдалган текстти таратып берип, ошону менен таанышып, президенттин өзү болот, жалпы пикир алмашабыз деген ойдо элем, тилекке каршы ал күнү Курманбек Эргешович кыска маалымат берип эле, «эмнелер өзгөрдү, эмнелер жаңырып атат» деген ооз эки сөзү болду. Бизге таратып беришти жаңы редакциянын текстин, ал абдан чоң кагаз болчу. Аны окуп, талдаш үчүн убакыт керек эле. Ошондуктан Конституциялык кеңештин көпчүлүк мүчөлөрү чукулунан чечим кабыл ала албайбыз, ошон үчүн убакыт бөлүнсө талдап чыгалы деген ой айтышты. Ошону менен биз тарадык. Анан маалымат кетти, бүгүн президент Указ чыгарды, 2-февралга референдум өткөрүүгө деп. Президенттин жардыгы Кыргызстандын аймагында милдеттүү күчкө ээ, талаша турган, тартыша турган эч нерсе көргөн жокмун. Ар ким өзүнүн Конституцияга берилген ыйгарым укуктарын пайдаланууга акысы бар. Мени кубанткан нерсе, Конституциялык кеңешменин мүчөлөрү айткан бир топ жагдайлар, айрым маанилүү маселелер, техникалык мүнөздөгү жаңылыштыктар кийин эске алынып, Президент 23-январда жаңы жардыгын чыгарып бир катар беренелерге олуттуу мүнөздөгү жана техникалык мүнөздөгү түзөтүүлөрдү, кошумчаларды киргизди. Антпей койсо да болмок, бирок кантсе дагы коомдук пикирди эске алып түзөтүү киргизди. Президент кайчы пикирди эске алганы бул жакшы нерсе.

- Референдумдун алдында, жалпы эле саясий окуялардын алдында Жогорку Кеңешке карата көбүрөөк сындар айтыла баштады. Референдумдан кийин Жогорку Кеңештин сапаттык жагында да ушундай өзгөрүүлөр болот деп ойлойсузбу?

- Мен мындай суроолорду 13 жылдан бери парламенттин депутаты, эки сапар эки башка палатада төрага болгон адам катары, угуп, бышы кулак болуп бүткөмүн. Бул көнүмүш, табигый иш. Бул бизде эле эмес башка, өлкөлөрдө дагы кээде боло калып жүргөн иш. Мунун эки себеби бар. Биринчиден, биздин парламент ичинде оппозициялык маанайдагы депутаттар бар. Алар кээде өкмөткө, президентке дагы макул эместигин билдирген, кескин мүнөздөгү сын пикирлерин айтууга жол беришет. Айталык, президентти отставкага кетирүү үчүн атайын кыймыл түзүп, ошого катышып атышат. Бул өтө аша чапкандык. Эмне деп жазышпайт, шылдың кылганга чейин барышат. Президент ошончо сындарды көтөрүп жүргөнүнө рахмат айтыш керек. Ал кишини чын дилинен колдогон кишилер, депутаттарды, парламентти жөнү жок жалпысынан каралай беришет. Бул дагы туура эмес. Биздин парламентте 105 депутат бар, эки палатада эки башка депутаттар бар. Биздин жыйында 60 депутат бар, анын ичинде Усубалиев, Масалиев сыяктуу кадырлуу инсандар бар, жакындан бери мурдагы өкмөт башчысы Курманбек Салиевич да биздин арабызга кошулду. Мен деле убагында өкмөттө иштегем, облус башкаргам. Биз эмне көчөдө жүргөн кишилербизби. Демек, далилдүү, даректүү айтыш керек да. Эгерде бийлик, анда отурган адамдар, өкмөт начар болсо, аларды эл ошондой шайлап атат да. Эмне шайлоо учурунда ойлонушпайт. Жоопкерчилик эки тарапта тең болуш керек. Ошон үчүн демократиялык өлкөлөрдө, укуктук мамлекеттерде шайлоодон шайлоого чейин саясий жол менен парламентти эч убакта таркатпайт. Бул уят иш, ал өзүнүн кемчилигин бирөөгө өткөрө салгандык. Депутатты чакырып алуу деген эч жерде жок, бул тоталитардык, мурдагы коммунисттик өлкөлөрдө болуп келген иш. Чыгым жагынан дагы, иштин натыйжасы жагынан дагы биздин парламент адаттан тыш иш жасаган жери жок. 2 жыл 9 айдын ичинде биз 339 пленардык жыйын өткөрдүк. 21 жолу гана ар кандай себептерден улам кворум болбой калды. Биз республиканын бюджети жөнүндө мыйзамда каралган чектен чыкканыбыз жок.

- Конституциянын жаңы редакциясында Жогорку Кеңештин ички регламентине тиешелүү айрым маселелер Баш мыйзамга киргизилип атат. Айрыкча, Жогорку Кеңеште канча комитет болуш керек, алар кандай иштеш керек, депутатты чакыртып алуу тартиби боюнча. Ушулардын баардыгы Баш мыйзамга киргизилишин кандай ойлойсуз?

- Муну конституциялык деңгээлде жазып атышат. Түпкүлүгүндө нормаларды, Жогорку Кеңештин ишинин натыйжалуулугун арттыруу максатында көрүлүп жатат деп эсептейм, мен ага эч терикпейм. Комитеттер жөнүнүндө дагы, депутаттар жөнүндөгү статьяларды колдойм.

- Абдыганы мырза, дагы бир сурообуз бар. Президент өзүнүн 2005-жылга чейинки ыйгарым укугун референдумга коюп атат. Коомчулукта ушундай пикир тарап кетти, президент өзүнүн ыйгарым укугун референдумга коюп аткандан кийин 2005-жылга чейин. Демек бул бир жылга жетпей парламент тарайт деген сөз эмеспи?

- Мындай окуя Кыргызстанда үчүнчү жолу болуп атат, 90-жылдан берки мезгилди алганда. 93-жылы Конституция кабыл алынганда эле ошондой жазылган, «президент дагы, парламент дагы өзүнүн акыркы мөөнөтүнө чейин иштей берет» деп. 93-жылкы Конституциядан кийин, жашырганда эмне, президент 94-жылы 30-январда референдум өткөрүп, өзүнүн мөөнөтүн бекемдеген, бышыктаган, тастыктаган. Андан кийин ар кандай сөздөр чыгып, Жогорку Кеңеш бул мыйзамдуу эмес деген. Акырында Жогорку Кеңеште 94-жылы сентябрда кворум болбой калып, бир аз эрте, 2-3 ай мурда тарады. Андан эмне утту? Ал үчүн укуктук, конституциялык негиз жок болчу, жанагы иш саясий мүнөздө болгон иш. Азыр деле Жогорку Кеңештин тарашына эч кандай конституциялык негиз жок. Ал эми президенттин экинчи суроо кошумча киргизип атканын, албетте, саясатчы катары түшүнүп турам. Ал антпей койсо деле болмок. Анткени ал мыйзамдын ичинде жүрөт. Өзүнчө бөлүп атканын, өзү да түшүндүрүп атат, «мени оппозиция кетирүүнү көздөп атат, ошон үчүн мен элден дагы ишенич алайын деп коюп атам» деп. Эл өзү чечсин. Менин жалпысынан шегим жок. Ар кандай саясий маанайдын бар экенине карабастан референдум өтөт. Ошондон кийин да Жогорку Кеңешти таратыш керек деген сөз боло берет. Менин, жалпы Жогорку Кеңештин андан корко турган жөнүбүз жок. Анткени, ал үчүн конституциялык негиз жок. Бирок ал саясий көрүнүш катары боло бериши ыктымал. Ал боло берген, боло берет.

Рахмат, бүгүн бизге маек куруп бергениңиз үчүн.

КИЕВДЕ КМШ ӨЛКӨЛӨРҮНҮН САММИТИ ӨТҮҮДӨ

Амирбек Азам уулу, Прага шаары Шейшемби күнү намаздигерге чукул Украинанын байтактысы Киевде КМШ өлкөлөрүнүн кезектеги саммити ачылды. Бейрасмий жыйын КМШнын тарыхындагы эң кунарсыз кездешүү деп бааланууда. Себеби, саммитке шериктештикке мүчө 12 өлкөнүн сегизинин гана президенттери келген. Ал эми Борбор Азиядан жалгыз Тажикстандын президенти Эмомали Рахманов барган.

Киев саммити, кайсы бир россиялык гезит баамдагандай, Күнкорсуз мамлекеттер шериктештиги акырындап өлүп баратканынын айныгыс далили. Чынында эле, экс-советтик республикалар ортосундагы чарбалык-экономикалык байланышты сактоо максатында түзүлгөн уюм эбак эле күнкорсуз өлкөлөр лидерлери Россиянын жетекчилиги менен кездешүүчү “шеринеканага” айланган.
Москвадагы Карнеги фондунун талдоочусу Андрей Рябов:

-КМШнын бардык эле жыйындары поствоветтик өлкөлөрдүн лидерлеринин элиталык клубуна айланганы качан!? Жетекчилер ортосундагы мамиле, 10 жылдан көп убакыт мурда түзүлгөн уюм үзүрлүү иштеп жатат деп айтканга негиз болуп келет. Шериктештик эми түптөлгөндөн бери, Европалык же регионалдык экономикалык уюмдарга мүнөздүү, бир дагы көзгө көрүнөлүк социалдык-экономикалык долбоордун өтөсүнө чыкпады.

Бул ирет жыйынга, анын ишине тээ 1991- жылдан бери өтө сейрек катышкан Түркмөнстандын президенти С. Ниязовдон башка Казакстандын президенти Н. Назарбаев, учурда Испанияда жүргөн өзбек президенти И. Каримов жана 2-февралга белгиленген жалпы элдик референдумдун кыжалаты менен жүргөн Кыргызстандын президенти А. Акаев келишпеди. Соңку экөө өз ордуна премьер-министрлерди жөнөтүшкөн.

Давостогу Дүйнөлүк Экономикалык Форумдан жекшемби күнү кайтып келген Н. Назарбаевдин Киев саммитине барбоо себеби эмнеде?
Н.Назарбаевдин басма сөз катчысы Жанай Омаров:

-Эч кандай себеп жок. Тышкы иштер министри жана мамлекеттик секретар К. Токаев жыйынга катышат деп чечилген. Башка себеп жок.

Президенттин атынан Киевге жөнөтүлгөн К.Токаев – Казакстандын мамлекеттик катчысы жана тышкы иштер министри.
Деген менен, Шериктештиктин социалдык-экономикалык проблемаларын өкмөт башчылар менен чогуу отуруп талкуулоого, президент Путин менен арбын кездешип жүргөн Н. Назарбаевдин дити каалабаган көрүнөт дешет байкоочулар.

Азербайжан президенти Гейдар Алиев да Шериктештин келечегине ишене бербейт. Ошон үчүн, КМШнын аткаруучу секретары Юрий Яров ай башында Бакуга келгенде Г. Алиев аны кабыл албай койгон.

Шериктештик , ошентип кунары качып турганда, Тажикстандын президенти Э. Рахмонов Киев саммитинен эмне күтөт? Тажик журналисти Салим Аюбзаде:

-Э. Рахмонов менен Россия президенти В. Путиндин Киевдеги кездешүүсү мурда мерчемделген. Алар жумуш издеген мигрант тажиктер былтыр ноябрда Россиядан күчтөп айдалгандан бери жолугуша элек. Ал ортодо Э. Рахмонов Францияга жана АКШда ырасмий сапарда болду. Андан бери Э. Рахмонов бир нече ирет В. Путин менен телефон аркылуу баарлашкан. Ошондуктан, Киевге баруу Э. Рахмонов үчүн өтө маанилүү.

Көпчүлүк россиялык байкоочулардын пикирине караганда, КМШ жетекчилеринин бейрасмий саммиттиндеги эң маанилүү окуя В.Путиндин Грузия президенти Э.Шеварднадзе жана Молдова президенти В.Воронин менен кездешүүсү болот. Э.Шеварднадзе менен расмий Тбилисиге 10 жылдан бери баш ийбей, кийинки кезде россиялык-грузиялык мамилелердин курчушуна алып барган Абхазия маселеси, Абхазия-Грузия чек арасындагы россиялык аскерлердин тагдыры каралса, В.Воронин менен Молдованы “ичтен иритип жаткан” Приднестровье “илдети” талкууланат.

Лидерлердин Киевдеги бетме-бет кездешүүсүндө күнкорсуз мамлекеттер ортосундагы экономикалык проблемалар жөнүндө кеп козголоору сөзсүз. Себеби, кийинки жылдары Шериктештик алкагындагы өз ара сооданын көлөмү азайып, КМШнын тыш өлкөлөр менен соода-сатыгы көбөйгөн. Бирок, бул импорттун эсебинен орун алды. Мындай жагдай, талдоочулардын айтымында, КМШ лидерлерин ич ара сооданы жакшыртуунун жолдорун издөөгө мажбур кылууда.

АКШнын МАМЛЕКЕТТИК КАТЧЫСЫНЫН ЖАРДАМЧЫСЫ ЭЛИЗАБЕТ ЖОНС БИШКЕККЕ КЕЛДИ

Бакыт Аманбаев Кыргызстанга дүйшөмбү күнү кечинде келген АКШнын Мамлекеттик катчысынынын жардамчысы Элизабет Жонс 28-январда бир катар расмий жолугушууларды өткөрдү. Ушул эле күнү Элизабет Жонс журналисттердин айрым суроолоруна жооп берди. Ал Кыргызстандагы реформа эл аралык эрежелерге ылайык өткөрүлүшүн колдой тургандыгын айтты.

Элизабет Жонс 28-январда президент Аскар Акаев, тышкы иштер министри Аскар Айтматов, Мыйзам чыгаруу жыйынындагы фракциялардын жана эркин массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү менен жолугушту. Ушул эле күнү ал журналисттердин айрым суроолоруна кыскача жооп берди.

- Кыргызстандын «Манас» аба майданында жайгашкан эл аралык аскер күчтөрү Ирак мамлекетине каршы башталышы мүмкүн болгон согушка пайдаланылабы?

- «Манас» аба майданындагы аскердик база «Майтарылбас эркиндик» операциясын колдоого багытталган. Демек, «Манастагы» эл аралык аскердик күчтөр буга чейин Ооганстандагы эл аралык террористтерге каршы кандай согушуп келсе, мындан ары да кырдаалга жараша, же болбосо Ооганстанда тынчтык орногуча өз аракеттерин жүргүзө берет.

- АКШ өкмөтүнүн Кыргызстандагы конституциялык реформа жана мында жакында боло турган референдум тууралуу пикири кандай?

- АКШ өкмөтүнүн өкүлү Кыргызстанда жүргүзүлүп жаткан Конституциялык реформа тууралуу өлкөдөгү аткаруу бийлигинин, парламенттин, бейөкмөт уюмдардын, эркин маалымат каражаттардын өкүлдөрү менен жолугушту. Биздин оюбузча өлкө жарандарына өкмөт тарабынан болгон кандайдыр-бир кысымдар болсо, мындай аракеттер республикадагы көз каранды эмес сот органдары тарабынан каралышы керек. Мындан сырткары, биз бардык жолугушууларда, «Кыргызстан эл аралык коомчулук алдында демократиялык беделин сактап калыш үчүн өлкөдө жүргүзүлүп жаткан конституциялык реформа эл аралык тартипке ылайык өткөрүлсүн» деген пикирди өзгөчө белгилеп келдик. Чындыгында эле, кыргыз өкмөтү конституциялык реформаны эл аралык талаптарга ылайык жүргүзүшү абдан маанилүү.

Ал эми Кыргызстандагы эркин басмакана тууралуу берилген суроого маалымат жыйынына катышкан АКШнын Кыргызстандагы элчиси Жон О Киф жооп берди:

- Өлкөдө эркин басмакана ачуу маселеси өткөн жылдын январь айында көтөрүлүп, жөн гана сөз түрүндө калган. Анткени анда долбоорду каржылоо маселеси чечиле элек болчу. Мындан тышкары, ошол убакта болочок ишкананын иштөө структурасы аныкталган эмес. Дагы бир айта кетүүчү нерсе: алгач бул маселе көтөрүлгөндө мындай долбоорду ишке ашырууга Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык Уюму катышат деген сөз болгон. Бирок жакында, тагыраак айтканда, сентябрь айында гана бизге ЕККУнун бул долбоорду ишке ашырууга катышпай тургандагы айтылды. Биз аталган ишкананын бардык юридикалык документтерин даярдап, өлкөнүн Юстиция министрлигине тапшырдык. Бүгүн сиздерге сүйүнчүлөп коеюн: аталган басмакана жакында каттоодон өттү. Анын аткаруу комитетине өлкөдөгү белгилүү массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү кирди.

Ушул эле күнү Элизабет Жонс республикадагы эркин массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү менен жолугушту. Жолугушууда кандай маселе көтөрүлгөндүгү тууралуу соңку учурда басмадан чыкпай калган, оппозициялык маанайдагы «Кыргыз ордо» газетасынын башкы редактору Бекен Назаралиев айтып берди:

- Мен өзүм жетектеп жаткан гезит тууралуу маалымат бердим. Сот болгонго чейин эле биздин гезит куугунтукка учурай баштаганын айтып, ага мисал катары өлкөнүн түштүгүнө жиберилген газетаны жолдон Токтогул районунун милициясы күч менен тартып алганын келтирдим. Мындан сырткары, мен Аскар Акаев демократиялык кадамдардан тайып, Түркмөнбашыга айланып бара жатат деген ойду айттым.

БУУнун ИНСПЕКТОРЛОРУНУН ОТЧЕТУ ИРАКТЫН ТЕГЕРЕГИНДЕГИ ТАЛАШТАРДЫ АЗАЙТКАН ЖОК

Дүйшөмбүдө Бириккен улуттар уюмунун Коопсуздук кеңешине отчет берген курал-жарак инспекторлорунун башчысы Ханс Бликс Ирак инспекторлор менен кызматташуудан баш тарткан жок, бирок Улуттар уюмунун соңку чечимине чындап баш ийүү ниетин көрсөтө албады деп билдирди. Башкача айтканда, инспекторлор Иракта массалык кыргын салчу курал бар, же жок экенин азырынча ишеничтүү айта алышпайт. Кеңештин мүчөлөрү - инспекторлор Ирактагы ишин улантышы керек дегендер жана Багдадга каршы аскерий операцияны колдогондор болуп экиге бөлүнүп алып, шейшембиде талкууну улантышты.

Бликстин сөзү боюнча, жалпысынан алганда, Ирак инспекторлор менен кызматташуудан качкан жок, текшерүүчүлөр бардык каалаган жайларын кыдырып тинтип чыгышты. Ошол эле учурда инспекторлор 60 күн ичинде чогулткан маалыматтар Багдад декабрда Улуттар уюмуна тапшырган аскери декларация эски документтерге негизделип, анда бир катар кемчиликтер кетирилгенин айгинелейт. Атап айтканда, Багдад нервге таасир этчү уулуу газ менен күйдүргүнүн улпагынын ири запастары кайда кеткенин айтуудан баш тарткан, о.э. инспекторлор айрым аймактарды асмандан сүрөткө тартып алыш үчүн чалгынчы-учакты ижарага сураганда бербей койгон. Андан тышкары Ирактын 6500дөй химиялык дүрмөтүнүн тагдыры беймаалым жана Багдад эл аралык инспекторлорго курал-жарак программаларына тиешеси бар 11 илимпоз менен көзмө-көз маектешүүгө уруксат берген эмес. Улуттар уюмунун башкы инспектору Ханс Бликс буга кошумча Багдад былтыр эл аралык санкцияларды бузуп, 300 реактивдүү кыймылдаткыч сатып алганын, Ирактык бир окумуштуунун үйүнөн өзөктүк куралдар программасына тийиштүү документтер табылганын маалымдады. Ханс Бликс:

- Биз Ирак тарапты куралсыздануунун көбүрөөк далилин келтирүүгө үндөгөнүбүздө, алар ар дайым мындан башка документ жок. Колдо бардын баарын көрдүңөр, кеңири кыруучу куралдардын баары жок кылынган деп жооп беришет. Ошол эле учурда Иракта өкмөттүн, башка мекеме-уюмдардын каражатты кайда сарптаганы тууралуу толгон-токой документтердин архиви бар эмеспи.

Башкы инспектордун докладынан кийин Коопсуздук кеңеши Атомдук энергетика боюнча Эл аралык агенттиктин жетекчиси Мохамед ал-Барадейинин отчетун укту. Анын доклады Иракта массалык кыргын салчу курал табылбаганына, бирок, Багдаддын айткандары чындык экенине көзү жетиш үчүн инспекторлорго дагы кошумча убакыт керек деген эки жобого негизделди. Ошентип, эл аралык коомчулук бүйүрүн кызыта күткөн доклад ири ачылыш алып келген жок, инспекторлор Багдаддын куралсызданганына чындап ынаныш үчүн дагы бир нече апта, ал аз болсо, бир нече ай талап кылышты.

Улуттар уюмунун Коопсуздук кеңешинин кеминде беш мүчөсү – Орусия, Франция, Кытай, Германия жана Сирия Ирактагы инспекцияны улантыш керек деген пикирди колдоп чыгышты. Француз элчиси Жан-Марк де Ля Сабле көпчүлүк делегациялар дал ушундай көз карашта экенине көңүл бурду:

- Биз үчүн Ирак инспекторлор менен мурдагыдан активдүү кызматташуусу кажет. Ал үчүн убакыт керек. Көптөгөн делегациялар эртең мененки кеңешме учурунда кошумча убакыт берүү зарыл деген пикирди колдошту.

Инспекция башчыларынын негизги докладынан кийин дароо сөз алган Кошмо Штаттардын Улуттар уюмундагы элчиси Жон Негропонте Ирак 12 жылдан берки эски позициясынан эч тайбаганына басым жасады:

- Биз инспекторлорду жөнөткөн сайын, Ирак өкмөтү алардын натыйжалуу, пайдалуу иштешине көмөк көрсөтөт деп үмүттөнөбүз. Улуттар уюмунун соңку резолюциясы Ирак инспекторлор менен эч тоскоолдуксуз, шартсыз кызматташуусун талап кылган. Алардын бири да аткарылбаганына күбө болуп отурабыз.

Ирактын БУУдагы элчиси Мухамед ад-Дури инспекторлордун 2 айлык иши Иракта массалык кыргын салчу курал жок экенин далилдейт деп белгиледи. Шейшембиде Коопсуздук Кеңеши инспекторлордун докладын талкуулоону улантты. Жыйынды коштой, Улуттар уюмунун Нью-Йорктогу башкеңсесинин алдына 300дөй адам Ирактагы согушка каршы плакаттарды көтөрүп чыгышты. Араб өлкөлөрүндө мындай демонстрацияларга он миңдеген кишилер катышканы, Германиянын ири шаарларында да нааразылык акциялары өткөнү кабарланууда. Ал учурда АКШнын Мамлекеттик катчысы Колин Пауэлл Саддам Хусейнге берилген мөөнөт аяктаарына чукул калганын эскертти. Эксперттердин айтымында, шейшемби күнү кечинде Конгресстеги жылдык кайрылуусунда президент Жорж Буш Ирак боюнча катаал позициясын бышыктап, согуш коркунучу алдында бүткүл америка калкын биригүүгө үндөйт.

ООГАНСТАН: ТАЛИБДЕР ДАГЫ ЭЛЕ БАР

Нарын АЙЫП, Прага Талиб бийлиги кулатылгандан кийин Ооганстанда орногон өкмөт чет өлкөлүк аскерлердин күчү менен гана кармалып турат. Ошол эле учурда, кээ бир маалыматтар боюнча, "Талибан" жана "aл-Каиданын" жоокерлери өлкөнүн ар башка аймактарында дагы эле бар жана өкмөткө каршы аскерий аракет көрүүгө ыңгайлуу шарт күтүүдө.

26-январда Давос Экономикалык Форумунда чыгып сүйлөгөндө, Америка Кошмо Штаттарынын мамлекеттик катчысы Колин Пауэлл АКШнын эл аралык саясатын жактап, Ооганстандын мисалын келтирди. Анын айтымында, АКШ дүйнө үчүн жоопкерчиликти сезет жана ошого жараша аракеттенет:

- Америка Кошмо Штаттары дүйнө элинин ишенимине арзууда. Ооганстанды эле алып көрөлү. Өлкөдө азыр он миң америкалык аскер бар, жана алар Ооганстандын коопсуздук системасын курууда. Өлкөнүн жаңы өкүлчүлүктүү өкмөтү түзүлдү, жаңы жолдор, жаңы ооруканалар, жаңы мектептер курулууда, аларда эркек балдар менен кошо кыздар да окуйт жана жаңы турмуш курууга үйрөнөт. Ооганстан - эл аралык терроризмге каршы күрөшүү багытында биз кандай ийгиликке жеткенибиздин бир эле далили.

2001-жылдын октябрында АКШ аскерлери Ооганстанга каршы согуш баштаганда, өлкөнү 1996-жылдан бери бийлеген талибдер жоголгон, бирок алардын жетекчилери кармалган эмес. Өткөн жылдын июн айында ооган элинин "Лойа Жыргасы" чогулуп, убактылуу өкмөттү жетектеген Хамид Карзайга 2004-жылга чейин өлкөнү башкарууга укук берген.

Анткен менен, өкмөттүк план боюнча, 2004-жылы өтө турган парламенттик шайлоого саясий партиялар катышпайт, жана кээ бир саясатчылар аны катуу сынга алууда. 1996-жылга чейин Ооганстандын президенти болгон Бурхануддин Раббанинин айтымында, саясий партияларды шайлоодон четтетип салуу - өлкөдөгү саясий абалды туура эмес баалаганга барабар. Раббанинин пикири боюнча, өлкөнүн бүткүл соңку тарыхы - тиги же бул саясий партия же кыймылдардын аракеттери менен байланышкан, ошондуктан, аларды шайлоого катыштырбоо чоң ката болот.

Раббани ооган калкына кеңири белгилүү саясатчы. 1980-жылдарда ал советтик баскынчылыкка каршы согушкан, кийин талибдерге каршы күрөшкөн Түндүк Альянсты жетектеген, азыр болсо "Жамият-и-Ислами" партиясынын лидери. Бирок Хамид Карзай аны өзүнүн убактылуу өкмөтүнүн курамына кошкон эмес. Дагы бир белгилүү ооган саясатчысы, "Итихад-и-Ислами" партиясынын жетекчиси Абдул Расул Саяф дагы өкмөткө кирбей калган, бирок жергиликтүү эксперттердин айтымында, Раббани да, Саяф дагы - 2004-жылы өтө турган президенттик шайлоого өз талапкерлигин коет.

Ооган саясий күчтөрү арасында учурдагы күрөш канчалык күчтүү экендигин Жогорку соттун акыркы бүтүмдөрү эле көрсөтөт. Соттун өткөн аптада кабыл алган чечими боюнча, Кабул шаарындагы беш кабел сыналгы түйүнүнүн аракеттерине тыюу салынат. Анын алдында Жалалабад шаарындагы кабел сыналгылары жабылган. Герат провинциясынын акими Исмаил Хан болсо, жакында окуу жайларында аялдар менен эркектердин чогуу отуруусуна бөгөт койгон жобого кол койду, андан тышкары, мектепте эмес, үйдө сабак окутканда дагы, эркектер аялдарга мугалим боло албайт.

Талибдер орноткон тартип жоюлуп, Колин Пауэлл айткандай, Ооганстанда жаңы турмуш курулуп жатканда мындай чечимдердин кабыл алынышы - өлкөнүн саясий турмушундагы тымызын күрөш күчтүү экенин айгинелейт.

Ооганстан менен Пакистан чек арасынан алынган акыркы маалыматтар боюнча болсо, бул аймактарда "Талибан" менен "aл-Каиданын" бир топ күчтөрү эмгиче жашынып жүрөт жана жергиликтүү калк да аларга жардам көрсөтөт. "Нью-Йорк Таймс" гезити 28-январда жазып чыкканга караганда, АКШ Иракка каршы согуш баштаганда, "aл-Каиданын" террорчулары менен талибандын калдыктары Хамид Карзайдын өкмөтүнө каршы аскерий аракет көрүшү мүмкүн.

КУРМАНБЕК ОСМОНОВ: «КЫРГЫЗСТАНДА РЕФЕРЕНДУМДУН МӨӨНӨТҮН УЗАРТУУНУН КАЖЕТИ ЖОК»

Кыргызстандагы референдумга Европа Коопсуздук жана Кызматташтык уюму баш болгон эл аралык байкоочулар катышпайт. Ушуга байланыштуу бир катар эл аралык уюмдар өткөн аптанын этегинде референдум мөөнөтүн узартуу сунушун киргизген билдирүүлөрдү таратышкан. Кыргыз бийлиги айрым эл аралык уюмдардын дооматтары референдумдун мөөнөтүн узартууга негиз болуп бербей турганын билдирди.

Кыргызстанда 2-февралда өтө турган жалпы элдик референдумга Европа Коопсуздук жана Кызматташтык уюму баш болгон эл аралык байкоочулар байкоо жүргүзүшпөйт. Борборшайлооком мунун себебин чакыруунун бир айга кеч берилгендиги менен түшүндүрдү. Мындай мамиле демократиялык өнүгүү жолун тандап алган өлкөгө таандык эмес көрүнүш экендигин бир катар эл аралык уюмдар өткөн апта этегинде тараткан кабатыр билдирүүсүндө белгилешти. Европа Коопсуздук жана Кызматташтык уюмунун адам укуктары жана демократиялык институттар боюнча бюросунун билдиришинче, Кыргызстан референдумду чукул жарыялоо менен, олуттуу саясий окуяга байкоо жүргүзүүгө даярдык көрүүгө мүмкүндүк берген жок. Ушуга үндөш билдирүүнү ЕККУнун туруктуу кеңешинин 23-январдагы отурумунда АКШ элчисинин орун басары Дуглас Дэвидсон жасады. ЕККУ бюросу менен АКШнын демократиялык институту өз билдирүүлөрүндө референдумду кийинкиге жылдырууну сунушташкан.

Бул жагынан эл аралык коомчулук өкүлдөрүнүн көз караштары Кыргызстандагы оппозициялык күчтөрдүкү менен дал келүүдө. Ал эмес бул маселе эки тараптуу бейформал жолугушууларда да талкууланган жайы бар. «Арнамыс» партиясынын штаб башчысы Эмил Алиев айрым уюмдардын көз караштарын мындайча белгиледи:

- Биз Кыргызстанда өткөргөн бейформал жолугушууларда, чет жак менен пикир алмашуу учурларында да бир катар эл аралык уюмдар ушундай жол менен кантип жарандардын эркин билүү мүмкүн болсун деп, ишенбөөчүлүктөрүн билдиришти.

Бирок, расмий бийликтин көз карашында, референдумду кийинкиге жылдырууга эч кандай негиз жок. 28-январда өткөн маалымат жыйынында биринчи вице-премьер-министр, юстиция министри Курманбек Осмонов мындай деп айтты:

- Референдумду мындан ары жылдырыштын кажети жок. Сентябрь айынан бери Конституциялык Кеңеште талкууланды, андан кийин эки жарым ай бою жалпы элдик талкуу болду, эксперттик топ иштеди. Ушул мезгил ичинде Конституциялык өзгөрүштөргө кызыккан адамдар айтчусун айтып, дечүсүн деди. Бул бир жагы. Экинчиден, февралдын орто ченинен кийин эле жазгы талаачылык иштери башталат. Бул референдум же башка иш чараларды өткөрүүгө ыңгайсыз мезгил. Үчүнчү дагы бир себеби, аны жашырыштын кажети жок, оппозициялык күчтөр жаз келери менен өздөрүнүн кыймылын жандандыра баштайт.

Оппозиция болсо бийликтин мындай көз карашын колдобойт, шашма референдумду бийлик атайын жеке кызыкчылыктарды көздөп өткөрүп жатат деген ишенимде. Маселен, «Жаңы Кыргызстан» партиясынын башчысы Досбол Нур уулунун айтымында, референдумду шашылыш өткөрүүнүн артында расмий бийликтин саясий оюну турат:

- Эмне үчүн шашылып атабыз? Мунун артында саясий оюн турат. Оппозиция эмес, бийликтин оюну турат. Президент баш болгон бийлик өз көз карашын бекемдөө аракетин жасоодо.

Досбол Нур уулунун пикиринче, азыр бийлик элдин каалоосу менен эсептешпей туруп, добуш бересиң деп элди жарга такап жатат.

Дагы бир жагдай - ЕККУ бюросу кабатырланткан маселенин бири катары Кыргызстанда Конституциянын долбооруна кошумча түзөтүү референдумга 13 күн калганда киргизилгендигин белгилеген. Уюм муну демократиянын нормаларына сыйбаган көрүнүш катары санаса, Швейцарияга иш сапар менен барып жаңы кайткан вице-премьер министр Жоомарт Оторбаевдин айтымында, эл аралык донор уюмдар конституциялык реформага байланыштуу көз карашын дал ушул Президенттин абсолюттук ветосуна жана жарандардын даттануу мүмкүнчүлүгүнө байланышкан түзөтүүдөн кийин жакшы жагына өзгөрттү:

- Иш жүзүндө ушул эки өзгөртүү кырдаалды жумшартты жана талкуу мыйзамдын прогрессивдүүлүгү тууралуу жүрө баштады.

Курманбек Осмоновдун айтымында, референдумга ЕККУ баштаган эл аралык байкоочулар катышпаганы менен, саясий иш чарага эл аралык уюмдардын жергиликтүү өкүлдөрү, чет өлкөлөрдөн келген жана жергиликтүү байкоочулар арбын катышаары күтүлүүдө. Ал эми эл аралык байкоочулардын катышпай коюшу «Демократиянын аралчасы» атыккан Кыргызстанга залакасын тийгизбейт. Биринчи вице-премьер министр Курманбек Осмонов:

- Жабыркабайт.Тескерисинче, момундай Конституциялык реформа жүргүзүлүп жатканы үчүн Кыргызстандын Демократиялык аброю бекемделет.

Биринчи вице-премьердин оюнча, эл аралык уюмдардын сунуштарын Кыргызстандын кабыл алышынын же албай коюушунун мыйзамга кайчы келер өөнү жок.

ИЗРАИЛДИКТЕР ПАРЛАМЕНТТИК ШАЙЛОО ӨТКӨРДҮ

Баян Жумакадыр кызы, Прага 28-январда Израилдин шайлоочулары парламентти шайлашууда. Байкоочулар шайлоодо премьер-министр Ариэль Шарондун ашынган улутчул Ликуд партиясы жеңишке ээ болоoрун божомолдоп жатышат.

Өлкөнүн шайлоо бөлүмдөрү эртең мененки саат 7де ачылды. Добуштарды саноо шайлоо бөлүмдөрү жабылган саат 10дон баштап, таңга чейин уланат. Шайлоонун алдын ала жыйынтыгы 29чу январда эртең менен белгилүү болмокчу.

Байкоочулардын баамында 120 орундуу Кнессетке ат салышкан 25 партиянын ичинен бийликте турган ашынган улутчул Ликуд партиясы жеңишке жетиши мүмкүн. Болочок парламенттеги экинчи таасирдүү күч катары - Амрам Мицна баш болгон чордончул-солчул Эмгек партиясы аталат. Шайлоо алдында жүргүзүлгөн сурамжылоолор премьер-министр Шарондун партиясы болжолу менен - 33, ал эми Мицнанын Эмгек партиясы кеминде 19 орунга ээ боло турганын көрсөттү. Үчүнчү орунга секулярдык Шинуи партиясы чыгышы ыктымал. Ага парламентте ары дегенде 16 орундун тийиши болжолдонуп жатат.

Израилдин мыйзамдарына ылайык, шайлоодо эң көп добуш алган партия өкмөттү түзүү укугуна ээ болот. Бирок аталган партиялардын бирөө да парламенттеги орундардын теңинен көбүн ала албай тургандыктан, өз алдынча өкмөт түзгөнгө укугу болбойт. Ошого байланыштуу жуп шайлоо алдында Шарон Эмгек жана Шинуи партияларына кайрылып, болочок парламентте 3 партиядан турган коалиция түзүүгө чакырган.

Чындыгында секулярдык, улутчул жана эмгек партиясынан түзүлгөн коалиция жөөт-палестин тынчтык сүйлөшүүлөрүнүн жанданышына өбөлгө түзүп, Израилдин экономикасына жагымдуу таасир тийгизмек. Бирок эки партия тең Шарондун сунушун кабыл алган жок. Жөөт мамлекетин түзүүдө жана жөөт- палестин тынчтык келишимин иштеп чыгууда чоң рол ойногон Эмгек партиясы ашынган улутчул Шарон менен иштеше албай турганын билдирди. Шинуи партиясы болсо диний партиялар менен бир өкмөттө болбой тургандыгын кайталады.

Ошентип, Шарон өкмөт түзүү укугуна ээ болсо, анда ал өкмөттүк коалицияны башка диний жана улутчул партиялар менен түзгөнгө мажбур болот. Коалицияга 120 орундуу парламенттин, бери дегенде, 65 орду тийешелүү болуш керек.

Байкоочулардын пикиринде, бийликке улутчул партиялардын келиши палестиндерди ого бетер өчүктүрүп, жан кечти террорчулардын терракттарын күчөтөт. Натыйжада, тынчтык процесси жабыркайт. Шарондун өкмөтү террордук акттардын толук токтотулушун жана Палестин автономиясын реформалоону тынчтык сүйлөшүүлөрдүн негизги шарты катары көрсөтүүдө. Бирок анткени менен дал ошол Шарон баштаган улутчул жана диний партиялардан турган өкмөт жөөт-палестин сүйлөшүүлөрүнө жолтоо болот. Ошентип Шарондун жеңиши менен Жакынкы Чыгышта туруктуу тынчтыктын орношу дагы белгисиз убакытка кечеңдемекчи, - дешет адистер.

Шайлоого карата бүткүл Израилдин аймагында коопсуздук чаралары күчөтүлгөн. Добуш берүү башталаардан бир нече жума мурда Палестиндердин Израилге каттоосуна тыйуу салынган. Израил менен палестин автономиясынын чек арасындагы өткөөл пункттарда катаал көзөмөл орнотулган. Газа тилкеси менен Иордандын батыш жээгиндеги бир катар аймактарга израилдик аскерлер киргизилген.

Шайлоо бөлүмдөрү жаңыдан ачылган маалда Газа тилкесинде Хамас партиясы менен байланышы бар делинген бир палестиндин үйү жардырылып, 3 киши набыт кетти. Алардын экөө - өспүрүм балдар экени маалымдалды. Палестин бийликтери үй израилдик тик учактан таамай атылган ракетадан жарылганын билдирет.

Палестиндердин эки жарым жылдан бери басылбай келаткан көтөрүлүшү, кезинде арабдарга каршы мыкаачы чара көргөндүгү менен жаманатты болгон эксгенерал Шарондун Ликуд партиясын күчтөндүрдү. Ирак согушу айныксыз жакындап келатканын сезген жөөттөр, Израил Ирактын бутасы болуп кала турган кыйын кезеңде, өлкөнү Шарон гана башкара алат деген ишенимде. "Бизге азыр Шарондой күчтүү саясатчы керек!" - деп билдирген Ройтер кабар агенттигинин суроосуна Иерусалимдин базарында соода кылып жаткан карапайым жөөттөрдүн бири.

КИПР АРАЛЫНДАГЫ ЭКИ ЭЛ БИРИГҮҮНҮ ТАЛКУУЛАП ЖАТЫШАТ

Баян Жумакадыр кызы, Прага Жиктелген Кипрдин саясий лидерлери аралды бириктирүү максатында өткөн жумада сүйлөшүүлөрдү жандантышты. Бирок байкоочулар бул жолу Түндүк Кипр Түрк жумуриятынын демөөрчүсү - Түркия БУУ сунуш эткен тынчтык планга өзгөртүүлөрдүн киргизилишине анчейин басым жасабай тургандыгын божомолдоп жатышат.

Өткөн жумада Грек Кипр жумуриятынын президенти Главкос Клеридес менен Түндүк Кипр түрк жумуриятынын президенти Рауф Деңкташ сүйлөшүү столуна кайрадан отурушту. БУУнун баш катчысы Кофи Аннан тараптардан БУУ сунуш кылган тынчтык план боюнча макулдашууга ары дегенде 27-февралда кол койууну талап кылган. Аннан эгерде аралды бириктирүү маселеси боюнча мунасалуу пикир жетишилбесе, өткөн декабрда Евросоюздун Копенгаген саммитинде уюмга чакыруу алган Грек Кипр жумурияты уюмга аралдын түрк бөлүгүсүз кирүүгө толук укуктуу боло тургандыгын эскерткен. Эсиңиздерге сала кетели, 1999-жылы уюмга кабыл алуу арызы менен кайрылган Грек Кипр жумурияты ал арызды бүткүл аралдын атынан берген болчу.

Саясий байкоочулар кипрлик саясатчылардын бул жолку сүйлөшүүлөрү мунасалуу чечимге алып келерин айтып жатышат. Мындай божомолго Түркиянын бийликтеги "адилет жана өнүгүү" партиясынын жетекчиси Режеп Тайып Эрдогандын мындан эки жума мурда жасаган билдирүүсү негиз берет. Ал Кипр маселесин чечүүгө убакыт келип жеткенин белгилеп, Түркиянын жылдардан бери тайбай тутуп келаткан статус -кво позициясын сынга алган. 1974- жылы Түркия Грециянын аралда төңкөрүш жасап, Кипрди өзүнө каратып алуусуна жол бербөө максатында, аралдын түндүк бөлүгүнө өз аскерлерин киргизген. Өткөн 20 жылдын ичинде Түркия аралга 100 миңге жакын түрктү көчүрүп келип отурукташтырган жана аралда азыр да 40 миң солдатын кармап турат. Түрк Кипр жумуриятын жалгыз Анкара тааныган, жана жылдар бою дүйнө коомчулугунан Түрк Кипр жумуриятынын суверендүүлүгүн таанууну талап кылып келген. Кипр маселеси жөнүндөгү мурдагы сүйлөшүүлөрдө Түркия Түндүк Кипр Түрк жумуриятынын эгемендигин таанууну алдыңкы планга койуп келген.

Италиядагы Европа Академиясынын изилдөөчүсү Габриэль фон Тоггенбург Түркиянын Кипр маселесине болгон көз карашы өзгөргөнүн белгилейт:

- Бул маселенин айланасындагы маанай олуттуу өзгөрдү. Түрк тарабы саясий маневралар үчүн орун калбаганын аңдады. Эгерде Кипр Евросоюзга мүчө болсо, ал Түркиянын Европа Союзга кабыл алынышына бөгөт боло турганын, ошентип Евросоюзда Анкаранын кендирин кесе турган дагы бир өлкө пайда болоорун түрктөр түшүнүштү көрүнөт.

Түркия Евросоюзга кирүү арызын мындан отуз жыл илгери эле тапшырган. Бирок расмий Брюссел жумурият бир катар саясий жана экономикалык проблемаларды, уюм талап кылган деңгээлде чече албаганын белгилеп, анын арызын кароону кийинкиге калтырып келген. Декабрь айында Копенгагенде өткөн саммитте уюм Түркияны уюмга кабыл алуу сүйлөшүүлөрүн баштоо жөнүндөгү маселени 2004-жылдын соңунда кароону чечти.

Кофи Аннандын планы боюнча Кипр тең укуктуу эки бөлүктөн турган, бирок айрым бийлик мекемелери чогуу болгон федерация болууга тийиш. Өлкөнүн президенттик кызматын федерациянын президенттери 10 айда бирден алмашып кезектешип аткарышат. Андан сырткары төңкөрүш учурунда үйлөрүн таштап Кипрден чет өлкөгө качкан 160 миңдей грекке үйлөрүнө кайтып келүүгө, же анын ордуна компенсация алууга укук берилет. Ошону менен бирге Кирлик түрктөрдүн армиясын кыскартуу карадат. Бул түрктөрдүн аралдагы санын азыркы 36 проценттен 28 проценттин деңгээлине түшүрмөкчү.

Анкарада азыр Кипр проблемасы боюнча бирдиктүү пикир жок көрүнөт. Буга Анкарадан бири-бирине карама каршы келген пикирлердин айтылып жатканы күбө. Бирок, анткени менен, Кипрлик түрктөрдүн бир тобу планга кубаттоо билдирип жатышат. Өткөн жумада жумурияттын административдик борборунда 50 миңдей киши демонстрацияга чыгып, Рауф Деңкташтан БУУнун планын кабыл алууну талап кылышты.

БУУнун КАРУУ ЖАРАК ИНСПЕКЦИЯСЫ ИРАКТАГЫ ЭКИ АЙЛЫК ИШИНИН ЖЫЙЫНТЫГЫ МЕНЕН КООПСУЗДУК КЕҢЕШИН ТААНЫШТЫРДЫ

Амирбек Азам уулу, Прага шаары 27-январь, дүйшөмбү күнү, Бишкек убактысы боюнча кечки саат 8 жарымда Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук кеңешинде БУУнун каруу жарак инспекциясынын жетекчилери Ханс Бликс жана Мухамед ал-Барадейи Ирактын массалык кыргын салчу куралдарын издөөнүн жүрүшү боюнча доклад жасашты. Бул докладдын мазмуну жана ага карата айтылган алгачкы пикирлер кандай болду?

27-январь күнү, Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук кеңеши өткөн жылдын ноябрында кабыл алган резолюцияга ылайык, Улуттар уюмунун курал жарак инспекциясы Ирактагы текшерүүсүнүн эки айлык жыйынтыгы боюнча доклад жасады. Эл аралык инcпекторлор, резолюцияга жараша, докладды текшерүү башталгандан 60 күндөн кечиктирбестен Коопсуздук кеңешине тапшырыш керек болчу.

БУУнун байкоо, контролдоо жана инспекциялоо комиссиясы- ЮНМОВИКтин башчысы Ханс Бликс докладды байкоочулар күткөндөй нукта баштады:



- Ирак, айрым шарттар аткарылмайынча, инспекция пайдалануучу У-2 чалгынчы самолетунун коопсуздугуна кепилдик бербеди. Мындай шарт койуу, 1441- резолюцияда каралган эмес жана ЮНСКОМдун Ирактагы мурдакы тажрыйбасына да каршы келет. Ирак биздин бардык өтүнүчүбүздү аткарбаганына көңүлүңүздөрдү бурам.

Х. Бликстин айтымында:

- Өкүнүчтүүсү, Ирактын 12 миң барактык декларациясы эски маалыматтарды кайталап, мурдакы инспекция учурундагы фактылар менен чектелген же алардын айрымдары көрсөтүлбөгөн жана жаңы маалыматарды камтыбагандай сыяктанат.

Х. Бликс андан ары Ирактын антракс-күйдүргүнүн жана адамдын нерв системасына коркунучтуу VX газынын калдыктарынын кайда экени белгисиз экенине, Ирак 150 чакырымдан алыска учуучу баллистикалык ракетанын үстүнөн иштегенине токтолуп, мындай деди:




- Кыязы, Ирак куралсыздандыруу жөнүндө ага коюлган талапка чындап ынанган эмес көрүнөт. (Ирактын) макулдугу дүйнөнү ишендирүү жана тынчтыкта жашоо үчүн зарыл.


Х. Бликстин сөзүнчө,Ирак тарап массалык куралдарын жок кылганын тастыктаган далилдер менен инспекторлорду да жетиштүү камсыздай алган эмес.

Атомдук энергия боюнча эл аралык агенттиктин директору Мохамед ал-Барадейи да Ирак каруу жарак программасы боюнча Коопсуздук кеңешине берген декларацияда 1991-жылга чейинки маалыматтар камтылып, 1998-жылы Улуттар уюмунун инспекциясы өлкөдөн айдалып чыккандан кийинки мезгил жоопсуз калтырылганын белгилей өттү.




- Биз сателлит аркылуу сүрөтү тартылып алынган жана акыркы төрт жылда курулуп-оңдолгон имараттарды текшерип чыктык. МАГАТЭнин инспекторлорунун да алардын жабдууларын жана эмне үчүн пайдаланып жатканын аныктап билгенге мүмкүнчүлүгү болду. Текшерүү учурунда тыйуу салынган ядролук иштер аткарылбаганы аныкталды.
.
М. ал-Барадейи сөзүнүн соңунда Х. Бликс сыяктуу эле Коопсуздук кеңеши инспекцияны улантуу зарылдыгын колдойт деген ишеничин билдирди.

Улуттар уюмунун аскерий инспекциясынын доклады тууралуу өтө карама-каршылуу пикирлер айтылууда.

Германиянын канцлери Г. Шрөдер доклад купулуна толгонун айтып, инспекцияга жүктөлгөн вазийпаны аяктоого жетерлик убакыт берүү керек деген үмүттө экенин билдирди. Француз президенти Жак Ширак да инcпекторлор миссиясын акыр-аягына чейин аткарууга убакыт берилишин жактады. Кытайдын БУУдагы элчиси Чжан Йишаңдын (Zhang Yishan) айтышынча, анын өкмөтү да инcпекцияга кошумча убакыт берүү оң деген көз карашта.

Россиянын тышкы иштер министринин орун басары Юрий Федотовдун айтымында, Бликс менен ал-Барадейинин доклады Иракка каршы катаал чара көрүү үчүн жаңы резолюциянын зарылдыгы жок экенин күбөлөйт.

Ак Үйдүн өкүлү Ари Флейшердин билдиргенине караганда, аскерий инспекциянын башчысы Х. Бликстин доклады Ирак инспекторлор менен тыгыз иштешпестен азезил куралдарын жашырып жатканын тастыктайт.



- Доклад үчүн маанилүү бүгүнкү күнү, Ирак талапты аткарбастан, дале массалык жок кылуучу куралдарды кармоодо...Ирактын талапка көнбөгөнүнөн улам, инспекторлор “тигинде-мында айланчыктаган” абал түзүлүүдө.

АКШнын Улуттар уюмундагы элчиси Жон Негропонтенин айтышынча да, доклад Ирак БУУнун Коопсуздук кеңешинын 1441-резолюциясын жана соңку 12 жылда кабыл алган 16 чечимдин бирин да аткарбаганын ырастайт.

Британия да Иракты Коопсуздук кеңешинин резолюциясын аткарбады деп санайт. Британиянын тышкы иштер министри Жэк Стро Брюсселде дүйшөмбү күнү өткөн Евробиримдиктин тышкы иштер министрлеринин кездешүүсүнөн кийин мындай деп билдирди:

- Нью-Йорктон биз бүгүн уккан кабар, Саддам Хусейн каруу жарак инспекциясы же Улуттар уюму менен ургаалдуу кызматташпаганын айкын күбөлөйт, ал (куралдарды) мурдакыдай эле жаап-жашырууда.

Ирактын Улуттар уюмундагы элчиси Мохаммед ад-Дуринин маалымдашынча, Ирак массалык жок кылуучу куралдарга байланыштуу ар кандай суроолорду ким менен болсо да такташууга “чын дилинен даяр”.

БУУ ЭЛ АРАЛЫК КУРАЛ-ЖАРАКТЫ КӨЗӨМӨЛДӨӨЧҮЛӨРДҮН ИРАК МЕНЕН КЫЗМАТТАШУУСУНА КАНДАЙ БАА БЕРЕТ?

Амирбек Азам уулу, Прага шаары Бириккен Улуттар Уюмунун каруу жарак инспекциясы дүйшөмбү күнү Улуттар уюмунун Коопсуздук кеңешинде Ирактын куралсыздануусу боюнча жүрүп жаткан текшерүүнүн алгачкы жыйынтыгы боюнча билдирүү жасайт. Инспекциянын доклады Иракка каршы күч колдонгондон мурда текшерүүгө дагы канча убакыт берүү керек деген суроого жооп бериши керек.

Бириккен Улуттар Уюмунун каруу жарак инспекциясынын жетекчилери Ханс Бликс жана Мохамед эл-Барадейи дүйшөмбү күнү Ирактын массалык кыргын салчу куралдарын издөөнүн алгачкы жыйынтыгы боюнча Коопсуздук кеңешинде билдирүү жасашат.

Докладды угуу Бишкек убактысы боюнча кечки саат сегиз жарымда башталат деп мерчемделген жана эл аралык коомчулуктун ага болгон кызыгуусу улам күчөөдө. Себеби, бул доклад “Ирак кыргын салчу куралдарын жок кылдыбы? Эгер Ирак тез куралсызданбаса, АКШ жана Британия бир жактуу согуш ачабы? Же көп улуттуу күчтөр катышкан операция жүргүзүлөбү?” деген талаштуу суроолорду чечкенге жол ачат деп күтүлүүдө.

Ханс Блик мурда жасаган билдирүүлөргө караганда, ал Ирак бийликтерине карата БУУнун Коопсуздук кеңеши талап кылгандай деңгээлде аскерий эксперттер менен кызматташпады; өзүнүн каруу жарак программасы боюнча маалыматтарды толук ачып бербеди; инпекцияга чалгынчы учактарды пайдаланууга уруксат берилбеди; курал жарак программасына тиешеси бар илимпоздорду өкмөт өкүлдөрүсүз сурап-баарлашканга мүмкүндүк жок деп доомат коюшу мүмкүн.
Өткөн аптада Х.Бликс мындай деп билдирген:

- Силер “Ирактыктар өз ыктыяры менен кызматташуудабы?” деп сурасаңар, “Жок, алар бул деңгээлге али жетише элек” деп айтаар элем. Мен ушундай ойлойм.

Инспекторлор азырынча 30 миңге жакын химиялык жана биологиялык дүрмөттү ташуучу шайманды Ирак эмне кылганын аныктай элек. Ирак да БУУга мурда жөнөтүлгөн 12 миң барак билдирүүсүндө шайман-жабдуулар жөнүндө эч кандай маалымат бербеген.

Коопсуздук кеңешинде Ирактын өзөктүк куралдарын жок кылуусу жөнүндөгү докладды БУУнун атомдук энергия боюнча агенттигинин директору Мохамед эл-Барадейи жасайт. Ал жекшемби күнү Нью-Йоркко учуп келгенден кийин жасаган билдирүүсүндө, бүтүм чыгарганга шашпастан, эксперттердин жайма-жай иштөөсүнө мүмкүндүк түзүү зарыл деген пикирин айткан:

- Өзөктүк тармакты алсак, бизде оң жылыштар бар деп ойлоймун. Жана мен айткандай, биз бир жыйынтык жасагандан мурда, инспекторлордун жай баракат иштөөсүнө мүмкүндүк берсек.

М. Эл-Барадейинин бул пикирин Х. Бликс да колдойт.
Ал эми талдоочулардын айтышынча, инспекцияга кошумча убакыт берилсе, Иракты тынчтык жолу менен куралсыздандыруу боюнча талаш ого бетер курчуп, эл аралык жааташуу күчөшү ыктымал деп кооптонушат талдоочулар.
АКШ, Британия, Австралия жана бир катар Европа өлкөлөрү Ирак өкмөтүнү инспекторлордун ишине бут тосууда дешип, текшерүүнү улантууга каршы.
Британиянын премьер-министри Тони Блэрдин айтышынча:

- Чалгындоо маалыматтары көрсөткөндөй, Саддам массалык кыргын салчу куралдарды өнүктүрүүсүн улантып, кош максатта колдонулуучу жабдууларды химиялык жана биологиялык куралдарды жасоо үчүн пайдаланууда... Ал жабдуу-шаймандарды өлкөнүн түрдүү бөлүктөрүнө бекитип коюп, Улуттар уюмунун инспекторлорун бекимбечек ойноого аргасыз кылууда.

АКШнын президенти Жорж Буш да бир нече күн илгери Иракты эл аралык коомчулуктун көңүлүнү инспекцияга эмес, инспекторлорго бурдурмак болууда деп күнөөлөгөн.
Ошон үчүн, АКШ менен Британия Перс булуңуна күч топтоп, Ирак тез куралсызданбаса, чабуул коебуз дешип айбат көрсөтүүдө.

Бирок, Германия, Франция, Россия жана башка көптөгөн Европа мамлекеттери менен араб дүйнөсү БУУнун уруксаты болбой Иракка каршы согуш ачууга карамандай каршы.

Талдоочулар болжогондой, Х. Бликс менен М. эл-Барадейи дүйшөмбү күнү Коопсуздук кеңешинде Ирактагы инспекциянын жүрүшү боюнча жасоочу доклад, бир жакта АКШ жана Британия, экинчи жакта, континенталдык Европанын таасирлүү өлкөлөрү турган талашта, кимдин таразасы оор экенин көрсөтүп, аларды жаңы саясый айла-амалга түртөт сыяктанат.

ЖКнын ЭЛ ӨКҮЛДӨР ЖЫЙЫНЫНЫН ТӨРАГАСЫ АЛТАЙ БӨРҮБАЕВ: “ПРЕЗИДЕНТТИ КЫЗМАТТАН КЕТИРҮҮ АРАКЕТТЕРИ КҮЧӨГӨНДӨН УЛАМ ЭКИНЧИ СУРОО РЕФЕРЕНДУМГА КОЮЛУП ЖАТАТ”

Кыяс Молдокасымов, Бишкек Жогорку Кеңештин Эл өкүлдөр жыйынынын төрагасы Алтай Бөрүбаев «Азаттыктын» кабарчысы менен курган маегинде: «Жогорку Кеңешке шайлоого партиялык тизменин алынып салынганы эң туура болду. Кыргызстанда 30 дан ашуун ар кандай саясий партиянын бардык мүчөлөрүнүн саны 50 миңдин тегерегинде. Ал эми жалпы шайлоочулардын саны 2 миллион 500 миңден ашык. Экөөнү таразага коюп көрсөк эле анын салмагы анык болот», - деп билдирди.

Алтай Асылканович, ушул жылдын 2-февралына белгиленген бүткүл элдик референдумга өлкөбүздүн Конституциясынын жаңы редакциясын кабыл алуу маселеси коюлду. Айрым саясатчылар Конституциялык кеңешме сунуш кылган вариант этибар алынган жок деп ырастап жатышат. Сиздин Конституциялык кеңешменин мүчөсү катары ушул маселеге карата пикириңиз кандай?

Чындыгында мен президенттин Жарлыгы менен түзүлгөн Конституциялык кеңешменин мүчөсү катары, бул кеңешменин бардык жыйындарына катыштым. Конституциялык кеңешменин жыйындарында иштеп аткан Конституциябызга түзөтүүлөрдү, өзгөртүүлөрдү киргизүүнүн негизги принциптери талкууланган жана ал консенсус негизинде жактырылганын жалпы журт жакшы билет. Конституциянын жаңы редакциясынын тексти менен калыс таанышкан адамга орчундуу түзөтүүлөрдүн баары сакталгандыгы ачык көрүнүп турат. Ушунун өзү эле Конституциялык кеңешменин жыйынтыктоочу документи, Конституциянын жаңы редакциясынын негизи катары кабыл алгандыгын айгинелейт. Конституциянын жаңы редакциясын кабылдабагандар дагы чыгып, өз пикирлерин билдиришүүдө. Бул дагы демократиянын жеңиши. Эгерде биз Конституциялык кеңешменин гана сунушу, пикири менен чектеле турган болсок, анда жалпы элдик талкууну уюштуруунун кажети жок болуп, эл талкуудан четте калмак. Талкуу учурунда элден 11 миңден ашык сунуш түштү. Ошонун баарын эксперттик топ иргеп, аздыр-көптүр өзгөртүүлөр менен Конституциянын жаңы редакциясын даярдашты. Элге сунушталып, референдумга коюлуп аткан Конституциянын жаңы редакциясында Конституциялык кеңешме сунуш кылган негизги принциптер сакталып, анын өзөгүн түзүп калды.

Алдыдагы бир палаталуу парламентке 90 депутат шайланаары, ошондой эле партиялык тизме сакталганы Конституциялык кеңеш сунуш кылган мыйзам долбооруна кирген эле, бирок, эксперттик топ иштеп чыгып жалпы референдумга сунуш кылган Конституциянын жаңы редакциясында ошол маселелер дагы камтылбай калган. Буга карата сиздин көз карашыңыз?

Конституциялык кеңешмеде бир палаталуу Жогорку Кеңеште депутаттардын саны 90 болсун деп консенсус менен кабыл алынган, жана депутаттардын 30 пайызы партиялык тизме менен өтүү жагы сунуш кылынган. Конституциялык кеңешменин укугуна көз жүгүртө турган болсок, ал президентке өзүнүн сунушун рекомендация түрүндө берет. Ал чечим толук өзгөрбөй турган нерсе эмес. Ошон үчүн Конституциялык кеңеш тарабынан даярдалган долбоор жалпы элдик талкууга коюлду. Учурунда мен Конституциялык кеңешмеде чыгып сүйлөп, «90 депутат көп болуп калат» деп айткам. 75 деген кайдан чыгып калды? Биринчиден, Мыйзам чыгаруу жыйынында 60 депутат туруктуу негизде иштеп атат. Биздин Эл өкүлдөр жыйынында 12 депутат туруктуу түрдө иштеп атат. Бул төрага, төраганын орун басары, 7 комитеттин төрагалары жана 3 комитеттин туруктуу иштеген орун басарлары. Ошо менен 12 болот. Баарын кошкондо 72 деген сан келип чыгып жатпайбы. Ал эми элден 45, 50, 60 депутат болсун деген сунуштар көп келип түштү. Ошонун баарын жыйынтыктап, жалпылап, социологиялык иликтөөлөрдүн жыйынтыгы менен 75 деген цифра келип атат. Мен бул цифраны оптималдуу сан деп ойлойм.

Ал эми партиялык тизменин кирбей калган себеби боюнча Конституциялык кеңешмеде өзүмдүн пикиримди айткам. Ошол жерде отурган партиянын лидерлерине мындай суроо менен кайрылгам: «Кыргызстандагы бүт партиялардын мүчөлөрүнүн санын кошкондо канча болот?»,- деп. Ошол жерден алган маалыматым боюнча 50 миңден ашпайт экен. Бир кезде урматтуу элдик генерал аталып жүргөн Феликс Кулов да айткан, «партиялар бир автобуска толбойт» деп. Эми биздин республикабызда 2 млн. 500 миңдей шайлоочу бар. Таразанын бир жагына 2 млн. 500 шайлоочуну, экинчи жагына 50 миң шайлоочуну коюп көрүңүз. Партиянын лидерлери, партиялык тизме менен жалпы депутаттардын 50 пайызына чейин шайланышсын деген талаптарды койгон. Ошол акыйкат болобу? Мына жергиликтүү бийликтерге, айыл өкмөттөрүн шайлоонун жыйынтыгына кайрыла турган болсок, партиялар тарабынан көргөзүлгөн талапкерлердин 5-6 гана пайызы өттү. Бул партиялардын негизги мүчөлөрү Бишкек шаарында гана экенин көргөзүп турат. Ал эми элет жеринде партиялардын тамыры терең жайылган эмес.

2005-жылдын декабрына чейин Президент Аскар Акаевдин ыйгарым укугунун сакталышын аныктоо үчүн референдумга экинчи суроонун коюлушу. Мына мыйзамда деле Жогорку Кеңеш, Өкмөт, жалпы эл шайлаган Президент, ошондой эле соттор 2005-жылга чейин иштей берээри көргөзүлгөн. Мына ушундай шартта ушул экинчи суроонун референдумга коюлушу боюнча сиздин пикириңиз кандай?

Бул экинчи суроону Конституциялык кеңешмеде талкуулаганбыз. Бул президенттин жеке өзүнүн демилгеси. Андай суроону коюууга анын укугу бар. Бул көп жагынан саясий мүнөздөгү маселе, юридикалык маселе эмес. Себеби, Конституциянын жаңы редакциясынын текстинде президент дагы, эки палаталуу Жогорку Кеңештин депутаттары дагы, өз мөөнөтү бүткөнчө, өзүнүн милдетин аткара берет деп жазылып турат. Президенттин бул кадамын мен негиздүү деп эсептейм. Себеби, жарым жылдан бери президент кызматынан кетсин деген чакырыктар болуп атат. Айрыкча андай талартар радикалдуу оппозиция тарабынан байма-бай айтылып келе жатат. Ал тургай, президентти кызматтан кетирүү жөнүндө штаб да түзүлгөн. Президенттин ыйгарым укуктарын бүткүл элдик добуш берүү аркылуу бышыктап, мындай чакырыктардын негиздүүлүгүн жокко чыгарып, элге сунушталып аткан Конституциялык реформаны ийгиликтүү жүзөгө ашырыш үчүн, биздин президенттке кубаттуу таяныч берет деген ойдомун. Эгер эл ырастап, президентти дагы бир жолу колдоп беришсе, ар кандай негизсиз куру чакырыктар өзүнөн-өзү жоголобу деп ойлойм. Президент дагы бир жолу элдин ишеничин, мандатын алгандан кийин мөөнөтүнүн аягына чейин жүргүзүп аткан реформаларды чечкиндүү жүргүзүүгө толук мүмкүнчүлүк алат.

АКШ ИРАККА КАРШЫ ЖАЛГЫЗ СОГУШУУГА ДАЯР

Улан Алымкул уулу, Прага Жекшемби күнү Давостогу дүйнөлүк экономикалык форумда сөз сүйлөгөн учурунда АКШнын Мамлекеттик катчысы Колин Пауэлл Иракка куралсыздануу үчүн берилген мөөнөт аяктоо алдында турганын дагы бир ирээт эскертти. Ошондой эле АКШ дипломатиясынын башчысы анын өлкөсү Иракка каршы өнөктөштөрдүн колдоосу менен же жалгыз согушууга даяр экенин ырастады.

Дүйнөнүн ишкер элитасынын өкүлдөрү Иракка каршы ыктымал согуштун кесепеттеринен тынчызданып жатканы жашыруун эмес. Алар согуш эл аралык экономикадагы кырдаалды дагы начарлатабы деп кооптонот. Дүйнөнүн бизнес лидерлери арасында Иракка күч колдонулушуна каршы болгондор арбын экенин Давостогу сөзүндө Колин Пауэлл өзү да моюнга алды. Андыктан, АКШнын Мамлекеттик катчысы Давостогу экономикалык форумга чогулгандарды Иракка карата катаал мамиленин зарылдыгына ынандырууга аракеттенди. Колин Пауэлл белгилегендей, Ирак өзүнүн курал-жарак отчетунда чын маалыматтарды бербеди жана Багдаддын өз эрки менен куралсыздануу ниети байкалбайт. Ал АКШнын БУУнун Коопсуздук Кеңешинде дүйшөмбү күнү Иракта иштеп жаткан инспекторлордун жетекчилеринин отчету угулгандан кийинки аракеттерине токтолуп , мындай деди:

- Менин өкмөтүм ал отчетту өтө кылдаттык менен иликтейт. Биз анын жыйынтыктары боюнча Коопсуздук Кеңешинин башка мүчөлөрү менен пикир алмашабыз. Бүгүн же эртең эле чечим чыгарууга ашыкпайбыз. Бирок, убакыт аяктап баратканы - айдан ачык. Мындан ары Ирак өзүнүн милдеттемелерин жээрий беришин актоого болбойт. Биз Ирак куралсыздануу жараянына катышып жатканына же куралсыздандырылышына ээ болушубуз керек.

АКШнын Мамлекеттик катчысынын пикиринде, Ирак бийликтери убакытты созуу үчүн мурдагыдай эле түрдүү айла-амалдарын пайдаланып жатат:

-Инспекциянын алты аптасынан кийин да эл аралык коомчулук чечүүчү суроолордун жообуна муктаж. Инспекторлордун мурунку тобу Ирактан чыгарылганга чейин биз билген күйдүргү менен ботулиндин он миңдеген литри жок кылынган болсо, анын далили кайда? Муну инспекторлорго Ирак далилдеши керек. Химиялык дүрмөттөрдү ташууга жөндөмдүү 30 миңдей жабдуу эмне болду? Инспекторлор алардын он алтысын гана араң табышкан. Калгандары кайда? Биологиялык лаборотория катары пайдаланылган чүмкөмө машиналар кайда? Эмне үчүн Ирак уранды өндүрүү жана аны өзөктүк курал үчүн керектелүүчү затка айландыра турган атайын жабдууларды жасоо аракетин улантып жатат?

К. Пауэлл массалык кыргын салуучу куралдар жок экенин эл аралык коомчулукка БУУнун инспекторлору эмес Ирак өзү далилдеши керек деп эсептейт.

Ал ырастагандай, эгер Иракты куралсыздандыруу үчүн согуш талап кылынса – АКШ мындай чарадан баш тартпайт:

- АКШ убакыт бүтүп баратат деген ишенимде. Биз эгер Иракты массалык кыргын салуучу куралдардан арылтуунун жалгыз жолу согуш болсо , андан баш тартпайбыз. Биз өзүбүздүн Иракка каршы аскердик аракеттерди ага даяр өнөктөш мамлекеттер менен бирге же өз алдынча жүргүзүү укугубузду сактап кала беребиз.

Ал эми АКШ менен Батыш өлкөлөрү ортосундагы азыркы пикир келишпестиктерди Пауэлл бир үй-бүлөнүн ичиндеги эле жубайлардын талашына салыштырды. Белгилүү болгондой, Батыш Европанын айрым ири өлкөлөрү АКШнын Ирак боюнча турумун колдобойт. Эксперттер болсо АКШнын Мамлекеттик катчысынын Давостогу сөздөрүн ар башкача баалап жатышат. Маселен, Франциядагы Эл аралык мамилелер институтунун директорунун орун басары Доминик Моиси Давоско барган европалык делегаттардын, ошондой эле дүйнөнүн башка чөлкөмдөрүнөн келгендердин көпчүлүгү АКШ Мамлекеттик катчысынын сөзүнө ынанган жок деп эсептейт:

- Колин Пауэлл келтирген аргументтер ишенимдүү болгону менен дүйнөнүн калган бөлүгү далилдерди күтүүдө. Ал муну кантип далилдей алат. Биз ынанышыбыз абзел. Андыктан кандайдыр бир деңгээлде Давостогу европалыктар көбүрөөк кооптонгондой болду. Алар укканына толук ынанган да, ишенген да жок.

Давосто АКШнын Мамлекеттик катчысынан кийин сөз алган Йорданиянын падышасы Абдалла Ирак кризиси кереметтүү бир нерсе болуп эле тынчтык жол менен чечилбесе, ал дипломатиялык ыкма менен жөндөлүшү үчүн убакыт өтүп кеткенин белгилеген эле. Франциялык эксперт Доминик Моисинин айтымында, Европанын саясий жана бизнес лидерлеринин көпчүлүгү да ушундай эле көз карашта.

ШАРОН ШАЙЛООДО ЖЕҢИШКЕ ЖЕҢИЛ ЭЛЕ ЖЕТЕТ

Улан Алымкул уулу, Прага Шейшемби күнү Израилде парламенттик шайлоо өтүүдө. Коомдук пикирди сурамжылоонун добуш берүү алдындагы жыйынтыктары шайлоодо өлкөнүн азыркы премьер-министри Ариэль Шарондун "Ликуд" партиясы жеңишке жеңил эле жетээрин көргөздү.

Коомдук пикирди сурамжылоонун өткөн жылкы жыйынтыктары Израилдин калкы арасында Палестин мамлекети түзүлүшүн, ал үчүн тынчтык сүйлөшүүлөрүн, оккупацияланган аймактар кеңейтилбешин жактагандар басымдуу экенин көргөзгөн эле. Жогорудагылар өлкөнүн азыркы премьер-министри Ариэль Шарондун "Ликуд" партиясынын парламентик шайлоодогу башкы атаандашы - Эмгек партиясынын турумуна жакыныраак. Бирок, жөөт калкы өлкөнүн 120 орундан турган парламенти-Кнессеттин жаңы мүчөлөрүн аныктоо алдындагы сурамжылоонун жыйынтыктарына караганда, палестиндерге карата катаал саясатты жактаган премьер-министр Шарондун "Ликуд " партиясы шайлоодо жеңишке жеңил эле жетет. Бул карама-каршылыкты кандайча түшүндүрүүгө болот?

Эмануел Оттоленхи Оксфорд университетиндеги Жөөт борборунун эксперти. Анын айтымында, карпайым израилдиктер Палестин мамлекетинин түзүлүшү зарыл экенин түшүнөт. Бирок, алар палестиндерди акыркы эки жылдан бери душманчылыгын күчөткөнү үчүн айыпташат. Алар палестин аймактарында жөөт кыштактарын жайгаштыруу программаларына каршы. Бирок, палестиндер тараптан жооп ирээтинде кандайдыр бир нерсе жасалмайынча аларды өткөрүп берүү - алсыздыктын жана террорчулукту сыйлоонун белгиси болоорун билишет. Алар тынчтык үчүн сүйлөшүүнү жактайт. Ошол эле учурда сүйлөшө турган эч ким жок, азыркы палестин жетекчилиги буга жөндөмсүз деген ишенимде. Оксфорд университетинин эксперти Эмануел Оттоленхи:

- Андыктан алар эң жакшысы келечекке көз карашы бар адамды эмес, бул этникалык согушта мүмкүн болгон катаал ыкмалар менен күрөшүүгө жөндөмдүү адамды тандоо деп ойлошот. Эч күмөн саноосуз эле ал адам -Ариэль Шарон.

Израилдин мыйзамдарына ылайык, өлкөнүн 4, 3 миллион шайлоочусунун 1, 5%нын колдоосуна ээ болгон партия парламентке кире алат. Добуш берүү алдындагы соңку сурамжылоолор Шарондун "Ликуд" партиясы Кнессеттеги 120 орундун төрттөн бирине ээ болоорун көргөздү. Бул өкмөттү жалгыз түзүү үчүн жетишсиз. Парламенттеги орундар үчүн "Ликуд" жана Эмгек партияларынан тышкаары дагы 26 саясий уюм атаандашууда.

Израилде шайлоо төрт жылда бир өткөрүлөт. Бирок, Кнессет өзүн өзү таратып, эрте шайлоо жарыялай алат. Былтыр ноябрда Эмгек партиясы "Ликуд" партиясы башкарган өкмөттөн чыгып кеткенден кийин мөөнөтсүз шайлоо жарыяланган болчу. Эмгек партиянын жаңы лидери, Хайфа шаарынын мэри Амрам Мицнанын айтымында, алар бул жолу "Ликуд" партиясына кошулбайт. Андыктан, аналитиктердин көпчүлүгү эгер Эмгек партиясы шайлоодон кийин да турумун өзгөртпөсө - Ариэль Шарон өкмөттүн курамына башка майда, бирок радикал партияларды тартаарын болжошууда. Шарон шайлоо алдында эл менен болгон жолугушуулардын биринде белгилегендей, ал өз ролун качан Кнессетти көзөмөлдөгөндө гана натыйжалуу аткара алат. Ошентип, Израилдин саясатында 1977-жылдан бери таасири чоң Эмгек паритиясы шайлоодо экинчи орун алышы мүмкүн. Ал эми үчүнчү орунду социологдор борборчул "Шинуй " партиясына ыроолошууда.

Өткөн аптанын соңунда Израил армиясы Газа секторуна чабуул жасаган эле. Шайлоого байланыштуу Йордандын Батыш жээгинде жана Газа секторунда палестиндердин кыймыл-аракетине коюлган чектөөлөр күчөтүлдү. Ошондой эле Йордандын Батыш жээгин Йордания, Газа секторун Мисир менен байланыштырган чек аралар жабылды. Палестиналык жумушчулар менен соодагерлер шайлоо аяктанганга чейин үч суткага Израилдин аймагына киргизилбейт.

ТАЛАШ ЖЕРЛЕРДИН ТАРЖЫМАЛЫ ТАКТАЛУУДА

Кожогелди Култегин, Ош Кыймылсыз мүлк жана жер ресурстары боюнча Ош аймактык борборунун директору, Кыргызстан, Өзбекстан чек араларын тактоо боюнча өкмөттүк комиссиянын мүчөсү Азим Карашев менен маек.

- Азим Карашевич, чек араларды тактоо боюнча эки тараптуу өкмөттүк комиссия Өзбекстандын Наманган шаарында кезектеги сүйлөшүүнү өткөрүп, чек араларды кыдырып, изилдеп келдиңиздер. Анда Ош областынын Өзбекстан менен чектешкен чек ара тилкелерин аныктоодо кандай ийгиликтер болду?

- Ош областы менен Өзбекстандын чек ара узундугу 238 километрге созулат экен. Ошол 238 километрдин бүгүнкү күнгө 166 километри такталды, аныкталды. Анын ичинен 118 километри өкмөттүк комиссиянын деңгээлинде макулдашылды. 13 километрин тактоого беребиз. Кечээ жакында эле Наманган областында сүйлөшүп, ал жерден бир топ иштерди жүргүздүк. Андан башка 35 километрибиз такталып бүтөйүн деп калды. Кийинки жолугушууда аны өкмөттүк комиссияга жиберебиз. Ош областынын чек арасында 72 километр жер тактала элек. Карасуу менен Коргонтөбө, Жалалкудук, Кожабад райондору менен чектешкен кээ бир жерлерди аныкташыбыз керек. Араван району менен чектешкен жерди бүттүк деп койсом болот.

- Талаш-тартыштуу объектер да аз эмес болсо керек, иштөө принцибиңиздер кандай?

- Өтө татаал, тиреше турган жер жок экен, жөө жүрүп көрүп атпайбызбы. Кээ бир маселелер боюнча жалпы пикир жаралбай калат. Комиссия келечекте бизден кийин «мурда комиссия түзүлүп, чек ара боюнча туура эмес документ кабыл алынып, кол коюлуп кеткен» деген сөз болбош үчүн иш жүргүзүп жатат. 1924-жылдан берки архивдик материалдардын баарын тактап, тастыктап чыгып, ошолордун негизинде чек араны тактоону жүргүзүп атабыз. Коңшулаш республиканын ашыкча 1 метр жеринин бизге кереги жок. Ал эми биз дагы 1 метр жерди башка мамлекетке бере койбойбуз.

- Өзбекстан арендага алган жерлердин башын ачууда кыйынчылык жокпу?

- Арендага алып иштетип аткан, айдоо жерлер да болгон. Араван району менен Анжиян областынын Кожабад району катар турат. Эл аралашып кеткен. Биздин чек арада Өзбекстандын жараны турса, эгер ал Кыргызстанда калгысы келсе, ал жерде калат. Ошондой эле маселе кыргыздар тарапта да бар.

- Конкреттештирип айтсаңыз, кайсы жерлерде?

- Араван районунда 4-5 үй-бүлө болду. Ал эми Карасуу районундагы Достук участкасында да ошондой үйлөр болду.

- Чечилгенде алар эч жакка жылгысы келбей атабы, же бир жактан жер сурап атабы?

- Ушул жерде мен жашагам, жашап тура берейин деген маселе коюлуп атат. Кыргызстан тарабынан деле, Өзбекстан тарабынан деле.

- Карасуу районундагы Акташ айыл өкмөтүнө караштуу Барак деген кыштак - Өзбекстандын аймагында жайгашкан Кыргызстандын анклавы. Ошол анклавды Өзбекстан ары-бери жагынан тарытып келатат деген сөздөрдү угуп калып жүрөбүз. Мунун чындыгы канчалык?

- Барак кыштагы башынан бери эле 215 гектар жерди ээлеп турат. Өзбекстан тарабынан кысып келатат деген факты, далил жок.

- Кемпирабад суу сактагычы, расмий аты менен айтканда, Анжиян суу сактагычы негизинен Өзбекстандын кызыкчылыгы үчүн курулган. Ал кыргыз жерине курулган үчүн Өзбекстан компенсация иретинде Кыргызстанга айрым жерлерин өткөрүп берген. Бирок, суу сактагыч кыргыз жеринде турат. Буга байланыштуу чек арада талаш-тартыш чыкпайбы?

- Кемпирабад суу сактагычындагы суудан негизинен Өзбекстан пайдаланууда, суунун эсебинен кошуналардын экономикасы кыйла өстү. Азыр ушул жерде бир аз пикир келишпөөчүлүктөр болгонсуп турат. Ал эми компенсация болгон жерди Кыргызстандын эли пайдаланып атат. Экономикалык эсептер менен балансташтырыш керек. Ушул мезгилге чейин 1973-жылдан бери канча өсүш болду? Менин оюмча, бул маселе боюнча адилеттүү чечимдер кабыл алынат.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG