Линктер

бейшемби, 18-июль, 2019 Бишкек убактысы 06:30

Саясат

КЕРБАЛАДАГЫ КОЛ САЛУУДАН КОАЛИЦИЯНЫН АЛТЫ АСКЕРИ НАБЫТ БОЛДУ

Кечээ, ишембиде, коалициянын Ирактын түштүгүндө жайгашкан базасына кол салуу болуп, андан кеминде алты аскер жана жети ирактык атуул мерт кетти. Дагы 125тей киши жарадар болгону маалымдалууда.

- Бүгүн саат 13тө, биздин Кербаладагы позицияларыбызга координацияланган үч чабуул коюлду. Бирөө болгар аскерлери жайгашкан комплекске, экинчиси - логистикалык базага жана үчүнчүсү - шаардын акимчилигине каршы багытталды, - деп кечээ кабарлады көп улуттук күчтөрдүн басма сөз өкүлү Ойкжановски.

Польшалык командачы генерал Анджей Тышкевичтин ырастоосунда, бомба жүктөлгөн үч жүк ташуучу унаа базага жакындап келеткан жеринен коалиция тарабынан аткылоого алынбаса, соккунун кесепети мындан да олуттуу болмок.

Кол салуудан набыт болгондордун арасында болгариялык 4, жана таиланддык 2 аскер бар. Ошол эле күнү АКШ президенти Жорж Буш эки өлкөнүн премьер-министрлерине көңүл айтты.

Болгар өкмөт башчысынын орун басары Илко Димитров чабуулдан дагы 27ге жакын болгар жоокери жараат алганын кабарлады.

Багдаддагы маалымат жыйынында АКШлык генерал Марк Киммит сентябрда коалицияга каршы кол салуулардын саны күнүнө 50гө жеткенин, азыр болсо 15ке чейин азайганын белгилеп, соңку соккулар Ирак элин коркутуунун бир усулу деген пикирин билдирди:

- Террористтер үчүн аскер адамыбы же карапайым элби, аскерлерби же аял, балдарбы эч кандай айырмасы жок. Маселен, Кристмасс (Ыйса пайгамбардын туулган) күнү, 25-декабрда эки сааттын ичинде бизге 18 сокку урулду. Козголоңчулар (адабатчылар) муну менен өзүнүн күчүн көрсөтүүгө далаалаттанып жатышат. Менимче, алар Багдад калкын, жалпы Ирак элин коркутуп-үркүтүү үчүн ар кайсы усулдар менен жолдорду пайдаланууга даяр экендиктерин айкын билдиришти.

Ишемби күнү башка бир чабуул маалында колго жасалган бомбанын жарылуусунан америкалык эки жоокер жарадар болду. Түндүктөгү Мосул шаарында болсо төрт адабатчы ок атышуу учурунда америкалык аскерлер тарабынан атып өлтүрүлдү.

Ошол эле ишемби күнү президент Жорж Буш өзүнүн салттуу радиокайрылуусунда Иракта жана башка жерлерде жайгашкан америкалык аскерлерге ыраазычылыгын билдирип, алар Американын өзүндө терракттарды болтурбоо үчүн күч-аракетин аябай жатышканын айтты:

- Кристмасс майрамында дүйнөдөгү эркиндиктерди коргоп, биздин куралдуу күчтөрдө кызмат өтөп жаткан эркектер менен аялдар жөнүндө да ойлойбуз. Бул эр жүрөк америкалыктар Ооганстан, Ирак жана башка жерлерде терроризм менен күрөшүп, бизди коргоп жатышат. Армиябыздын эрдигинин аркасы менен биздин жашообуз коопсуз болууда.

Ажанс Франс Пресстин маалыматына караганда, Ирактагы негизги салгылашуулар аяктагандан бери ал жерде курман болгон америкалык аскерлердин саны 209га жетти.

САЯСИЙ ПАРТИЯЛАРДЫН ЖАЛАЛАБАД ОБЛУСУНДАГЫ БЕДЕЛИ КАНДАЙ?

Ырысбай Абдыраимов, Жалалабад Саясий партиялардын Жалалабад облусундагы бедели кандай? Же алардын кереги шайлоо менен саясий иш-чаралар кызыганда гана тиеби?

Бөлүмдөрүн облуста ачып жаткан «Алга, Кыргызстан» партиясынан башка саясий уюмдардын таасири Жалалабадда байкалбайт. Уставы менен программасындагы максат-милдеттери унутта калып, жеке кызыкчылыкка жеңдирген партиялар элдин купулуна толбой атат. Мындай пикирдеги облбийликтин өкүлү Орозалы Карасартов көп партиялуулукту жана алардын эволюциялык өнүгүүсүн жактайт:

- Азыр партиялар көбүнчө, жеке адамдардын партиялары болуп калып атат. Бийликке катышсын деген идея негизинен туура, бирок бизде азырынча эволюция жолу менен гана баруу керек.

Саясий партиялар чет өлкөлөрдөн мыйзам сыйлоону үйрөнүүсү абзел. Алар шайлоого катышса гана, өлкөдө демократиялык өнүгүү болот. Облустук шайлоо комиссиясынын төрагасы Нурмамат Ашымов жогорку ойду улоо менен, жердешчилик, уруучулукту жоюудагы партиялардын маанисин белгиледи:

- Жердешчиликти партияларды активдештирүү аркылуу гана жок кыла алабыз. Башка эч кандай чакырыктар менен, же болбосо, башка жолдор менен жок кылыш кыйын. Партияны түзсөк гана биз трайбализмден арыла алабыз.

Аялдар укугун коргоо уюмунун төрайымы Кимсан Сагынбаева:

- «Адилет» деген партияны биз шайлоо учурунда гана укканбыз. Андан бери кандай иш жүргүзүп жатат, анын элге кандай пайдасы бар - аны менен тааныштыгыбыз жок, - деп нааразылыгын жашырган жок.

Кесиби юрист Разиля Даникулова да «партиялар саясат үчүн эле керек» деп эсептейт: - Шайлоо учурунда гана саясат үчүн керек.

Базаркоргондук Бакыт Салиевдин ою боюнча партияларга мүчөлүк акы менен демөөрчүлүк жетишпей турат, анткени, оор турмушта жашаган элдин саясий уюмга каражат берүүсү кыйын болуп атат:

- Ал үчүн элге партия эмне экенин толук жеткирүү керек. Биздин эл азыр караңгы болуп, партия эмне экенин, кайсы партия эмне иш аткарып жатканын билбейт. Кыргызстан боюнча партиялардын санын атап айтып кетсек өтө көп. Ар бир партия эмне иш аткарып жатканын эч ким толук билбейт. Булар партияны түзүп коюп эле, адамдын санын көбөйтүп, бирок эч кандай иш аткарбай атат.

«ЭрК» партиясынын мүчөсү Асан Шакировдун баамында партияларды коркутуп-үркүтпөй, шайлоого катыштырып, мамлекет колдосо партиялар өнүкмөк:

- Шайлоолордо депутаттык орундарга партиялардын ат салышпай калганы Кыргызстандын демократиясынын өнүгүшүнө терс таасирин тийгизет. Оппозициялык партияларга кирген адамдар куугунтукталып атат. Ошондой эле, өкмөт тарабынан оппозициялык партияга эч кандай жардамдар берилген жок.

2003-ЖЫЛДЫН АКЫРКЫ АПТАСЫНЫН ДИДАРЫ

2003-жылдын акыркы аптасында өлкөнүн саясий турмушунда бир катар маанилүү окуялар болду.

Дүйшөмбү - 22-декабрда «Арнамыс» партиясынын азыркы тапта камакта жаткан төрагасы Феликс Куловдун 2005-жылдагы президенттик шайлоого талапкерлигин коёру маалым болду. «Арнамыстын» саясий кеңешинин мүчөсү Бөдөш Мамырованын айтымында, Феликс Кулов «Учкун» гезитине берген маегинде 2005-жылдагы президенттик шайлоого катышууга бийлик мүмкүнчүлүк берсе элдин эң көп добушун алаарын, азыр абакта жатышына бул негизги себеп болгонун маалымдаган. Ал эми «Азаттыктын» кабарчысына берген маегинде Феликс Кулов шайлоолордун калыс жана акыйкат өтүшү үчүн барыдан мурда Борбордук шайлоо комиссиясынын көзкарандысыздыгын камсыз кылуу керек деди:

- Менин пикиримде, эң ириде Борбордук шайлоо комиссиясы көз карандысыз болушу керек. Экинчиден, Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы жыл сайын алмашып турушу зарыл. Сулайман Иманбаев өзү каалайбы же каалабайбы – ал президенттин пикири менен эсептешип турууга аргасыз.

Шейшемби - 23-декабрда өкмөт башчы Николай Танаев жыл башында «Кыргызстандын улуттук электртармактары» акционердик коомунан 102 миң доллар насыя акча алганы маалым болду. «Атуулдук коом коррупцияга каршы» бейөкмөт уюму баштаган бир катар коомдук уюмдар премьер-министр кызмат абалынан пайдаланган деп, Н. Танаев мырзадан насыя акчаны алуунун шарттарын жана өзүнүн канча байлыгы бар экендиги тууралуу маалыматты элге жарыя кылууну талап кылышты. Депутаттар Дүйшөн Чотонов, Исхак Масалиев жана «Эркиндик» партиясы «энергетика тармагы кризиске учурап, эл бюджеттен акчасын өз маалында алалбай турган шартта жасаган мындай кадамы үчүн өкмөт башчы кызматтан кетиши керек» деген пикирлерин айтышты. Ал эми Николай Танаевдин өзү болсо Казакстандан көптөн бери өнбөй келаткан электр энергиясы үчүн 12 млн. доллар карызды кайтаруудагы эмгеги үчүн энергетиктер ага үй сатып берели дегенде баш тартканын, бирок, кредит алып, аны кайра кайрып бергенин айтууда:

- Менин үйүм жок экенин энергетиктер билишип, мага үй сатып берүүнү сунуш кылышты, – дейт Николай Танаев. - Мен баш тарттым. Анткени ал мыйзамсыз болчу. Андан кийин алар кредит сунушташты.

Исхак Масалиев болсо карызды өндүрүү премьер-министрдин түздөн-түз милдети, Н. Танаев брокер же ортомчу эмес деди.

Шаршемби – 24-декабрда Жогорку Кеңештин Эл өкүлдөр жыйыны Кыргызстандагы чечендердин абалына арналган парламенттик угуу өткөрдү. Чечендердин «Барт» улуттук-маданий борборунун маалыматы боюнча, акыркы 5 жылда өлкөдө чечен улутундагы 11 атуул киши колдуу болгон жана буга байланыштуу кылмыш иштери жакшы иликтенбей, адам укуктары бузулуп жатат. Парламенттик угууда Ички иштер министри Болотбек Ногойбаев мындай кинени четке кагып, чечен улутундагы каза болгон 11 адамдын сегизи ошол эле чечен улутундагы адамдар колдуу болгонун билдирди.

Бейшемби – 25-декабрда президент Аскар Акаев баштаган мамлекеттик делегация Казакстанга ырасмий сапар менен барды. Ырасмий сапардын жыйынтыгы тууралуу 1-вице-премьер-министр Курманбек Осмонов мындай дейт:

- Астанадагы эки мамлекеттин башчыларынын жолугушуусу учурунда Кыргызстан менен Казакстандын ортосунда «Биримдик келишимине» жана Эларалык автоунаа каттамдары тууралуу келишимге, чегарадан өтүү пунктары тууралуу макулдашууга жана башка өкмөттөр аралык бир катар документтерге кол коюлду.

Жума – 26-декабрда Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйыны эсеп-кысап аппараты боюнча токтом кабыл алды. Ага ылайык өкмөт 1 айдын аралыгында эсеп-кысап машиналарын киргизүү тууралуу жобону иштеп чыгып, аны Жогорку Кеңештин бекитүүсүнө сунуштамай болду. Премьер-министр Николай Танаевдин парламентте билдиргенине караганда, ишкерлер эми же эсеп-кысап аппараттары менен, же патент менен иштесе болот. Патенттин баасы болсо 1-январдан тартып кымбаттай турган болду.

Ишемби – 27-декабрда президент Аскар Акаев Иран Ислам Республикасынын президенти М. Хатамиге 26-декабрда Иранда болгон жер титирөөгө байланыштуу көңүл айтуу телеграммасын жолдоду. Аскар Акаев баштаган кыргыз делегациясынын Ирандагы ырасмий сапары аптанын башында - 22-декабрда аяктаган болчу. Анда эки мамлекет ортосунда 7 документке кол коюлган. Эки мамлекеттин ортосундагы соода жүгүртүүнүн көлөмү 1996- жылы 16 млн. доллар болсо, Кыргызстан Дүйнөлүк соода уюмуна киргенден кийин - 1999- жылы анын көлөмү 5 миллионго чейин кыскарып кеткен.

МАГАТЭнин БАШЧЫСЫ ЛИВИЯГА ЧОҢ ҮМҮТ МЕНЕН КЕЛДИ

Жыргалбек Касаболотов, Прага Эл аралык мамилелер боюнча адистердин бир тобунун назары ушу тапта Ливиянын борбору Триполи шаарына бурулуп турган чагы. Анткени бүгүн ал жерде Ядролук энергетика боюнча эл аралык агенттиктин (МАГАТЭ) башчысы Мухаммед Ал-Барадеи Ливиянын жетекчилиги менен бул өлкөнүн ядролук куралдар программасын токтотуу боюнча сүйлөшүүлөрдү өткөрүүдө. Ливиянын жетекчилиги өткөн аптада өлкөдө ушундай программа бар экенин жана Триполи аны токтотууга даяр экенин капилет ачыктаган соң окуянын өнүгүшү ушуга алып келди.

Атомдук энергетика боюнча эл аралык агенттиктин – МАГАТЭнин башчысы Мухаммед Ал-Барадеи ишембиде Ливиянын ядролук курал-жарак программасын көзөмөлдөө боюнча иш-чараларды бул өлкөнүн жетекчилиги менен талкуулаганы Триполиге келди. Өткөн жумада Ливиянын президенти Моаммер Каддафи анын өлкөсү массалык кыргын салуучу куралдарды иштеп чыгууну токтотоорун жарыя кылган. Расмий Триполи, мындан тышкары, МАГАТЭнин эксперттерине ливиялык ядролук обьектилерди алдын-ала эскертүүсүз текшерүүгө укук бере турган макулдашууга кол коюуга даяр экенин билдирди. МАГАТЭнин өкүлү Марк Гвоздецкийдин жума күнү Венада айтканына караганда, Ал-Барадеинин иш сапарынын максаты – Ливиянын мурдагы жана азыркы бардык ядролук аракеттерин текшерүү иштерин баштоо жана кийинки текшерүүлөргө жол ачуу. Анын айтымында, Ал-Барадеинин бул иш сапарынын конкреттүү программасы жок жана баары Триполиде иштин шартына жараша чечилет.

Ливиянын ядролук куралдарды чыгаруудан баш тартышы жана МАГАТЭ менен кепке келиши - америкалык жана улуу британиялык дипломаттардын расмий Триполи менен тогуз ай бою жашыруун сүйлөшүү жүргүзгөнүнүн натыйжасы. Өткөн жекшембиде Ал-Барадеиге МАГАТЭнин кеңсесинде жолугушкан ливиялык өкүлдөр Лондон менен Вашингтон үчүн маанилүү жаңылык айтышты. Алар Ядролук куралдарды жайылтпоо тууралуу келишимге кошумча протоколго кол коюуга Ливия даяр экенин МАГАТЭнин башчысына билдиришти. Бул протоколго кол коюлса, ал уюмдун инспекторлоруна Ливиянын жетекчилигин эч кандай алдын-ала эскертпестен туруп өлкөнүн шектүү ядролук обьектилерин кеңири диапазондо текшере баштаганга мүмкүнчүлүк берет.

Барадеинин айтымында, ал Ливиянын жетекчилиги протоколго кол коеруна ишенет жана Триполинин бул кадамын туура деп эсептейт. Бул протокол - атом бомбасын жасап көргүсү келген мамлекеттерди эл аралык коомчулуктун көзөмөлү алдында кармап туруунун бир жолу. Бул инспекторлорго абдан кеңири мүмкүнчүлүктөрдү берет. Алар реакторлорду, изилдөө борборлорун жана ядролук программада колдонулушу мүмкүн болгон заттарды чыгарганы тууралуу шек туудурган жабык ишканаларды барып көрсө болот.

Ливияга бара турганын дүйшөмбү күнү кабарлап жатып, Барадеи өзүнүн иш сапарынын максатын “Ливиядагы ядролук куралдар программасына тиешелүү абалды изилдеп чыгуу” деп түшүндүрдү. Барадеинин айтымында, ал ядролук курал өндүрүүгө түрткү боло турган бардык иштердин алдын алыш үчүн аракет көрөт.

Барадеинин маалыматына караганда, МАГАТЭ Ливиянын ядролук жабдууларды жана материалдарды сатып алып жүргөнүн билген жана бул маалымат МАГАТЭге берилүүгө тийиш болчу. Эми Ливия Ядролук куралды таратпоо тууралуу 1970-жылы күчүнө кирген келишимди канчалык даражада бузганын аныктоо милдети турат. Ливия бул келишимге 1969-жылы кол коюп, 1975-жылы ратификациялаган.

Ал-Барадеинин айтымында, бул өлкөдө ачыкталууга тийиш болгон, бирок ачыкталбаган айрым бир материалдар бар экенин ага ливиялыктар маалымдашкан. Ал Ливия центрифугаларды жана уранды байытыш үчүн сатып алып жүрүшкөнүн айтты. Ливиянын мамлекеттик кызматкерлери ага өлкөнүн ядролук программасы баштапкы баскычында болгонун жана аны тейлей турган эч кайсы өндүрүш каражаттары өнүкпөгөнүн айтышкан. МАГАТЭнин башчысынын Ливиядагы иш сапары канчалык жемиштүү болоору жакында билинет.

КЫТАЙДАГЫ ГАЗ КЫЯМАТЫ

Кытайда Чунцин шаарына чукул райондордо куткаруу иштери уланып жатат. “Чайна дейли” гезити жана ырасмий Синхуа маалымат агенттиги таркаткан кабарларга караганда, табыгый газ чыккан кендердин бириндеги жарылуудан 191 адамдын өмүрү кыйылды, жабыркагандар жана чукул жардамга муктаж болгондор быкылдап жергиликтүү ооруканаларга батпай кетти. Бийликтер райондон кырк миңдей кишини көчүрүп чыгарышты.

Миңдеген солдаттар жана куткаруучулар Чунцинге чукул районду түрө кыдыра тинтип, газга ууланып өлгөндөрдү же кыштактардан качып чыкканга үлгүрбөй калгандарды издеп жатышат. ”Чайна дейли” гезити табигый газдын коюу иси абага жайылып, 25 чарчы чакырым аймакты өлүмдүн зонасына айлантты деп жазып чыкты. Синхуанын ырастоолоруна ылайык, кыргынга учурагандардын кыйласын аба аркылуу келген ажал алар уктап жатканда басты. Көпчүлүгү болсо газ бургулоочу 16-скважинада чоң жарылуу чыкканда мүрт кетишти. Кайсянь уездиндеги ооруканаларга төрт миңден ашуун адам жеткирилди, алардын кыйласы жарым жан абалда дешет.

Апааттын башкы очогу делинген 16-скважинадагы кырсык шейшемби күнү эле болгон экен. Бирок бийликтер бул касирет тууралуу анын салакаларын жана масштабдарын жашырып-жапканга мүмкүн болбой калганда гана – эки күндөн соң жарыялашты. Окуяга күбө болгондордун айтымында, бургулоо иштери жүрүп жаткан маалда түпкүрдөн кочкул кара түтүн атылып чыгып, кулак тундурган каттуу жарылуу болгон. Кийин айкын болгондой, табигый газ жер алдындагы күкүртсуутеги менен аралашып, жанартоодой жалбырттаган өрткө айланган. Транспорттук инфраструктуранын айласыз начарлыгы кырсыктын кесепеттерин азайтканга жана токтоосуз куткаруу иштерин баштаганга мүмкүндүк берген эмес.

Кытайдын борбордук өкмөтү кырсык болгон районго атайын комиссия жөнөттү, мындан тышкары куткаруу иштерине керектүү техникалар жана жарак-жабдыктар жеткирилди. Чуаньдунбэйдеги жарылган скважинаны бетондоп, бүтөп салганга аракеттер көрүлүүдө. Азырынча мындан да жарытылуу майнап чыга элек.

Жалпы эсепте бул кырсык Кытай өнөр жайынын сыймыгы аталган газ тармагын каттуу белге тепкен, анын беделин кетирген иш болду. Өзгөчө ушул Сычуан провинциясы өлкөнүн табигый газ өндүргөн негизги региону болгон. Быйыл августта Кытайдын мамлекеттик мунай компаниясы борбордук райондорду “көгүлтүр отун” менен камсыз кылуу максатында улуу курулушка – газ куурун жаткырууга киришкен эле. Чунциндеги бул апаат өлкөнүн газ тармагындагы эң кайгылуу окуя болду.

Дегинкисинде, Кытайдын өнөр жайы коопсуздук шарт-жагдайы жагынан дүйнөдө эң начар абалда турат. Быйылкы жылдын тогуз айында эле өндүрүштөгү кырсыктар 95 миңдей кишинин өмүрүн алды.

ПАРЛАМЕНТ ШАЙЛОО КОДЕКСИН ЖАҢЫРТТЫ

Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйыны бейшембиде «Шайлоо кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө» мыйзамды толугу менен кабыл алды. Кодекс эми бир айдын ичинде президенттин кол коюусуна жөнөтүлөт.

Мурда Шайлоо кодексинде 98 берене бар болчу. Өзгөртүүлөр жана толуктоолордон кийин кодекс 93 беренеден турат. Кодексти жаңыртуунун башкы максаты - шайлоолордун калыс, ачык жана уюшкандык менен өтүшүнө негиз түзө турган жоболорду киргизүү болду. Буга парламенттеги оңчул, солчул жана борборчул багыттагы депутаттардын өздөрү да ыраазы.

- Биринчиден, шайлоо жашиктери айнектен жасалып, добуш берүү ачык болот, - дейт депутат Адахан Мадумаров Шайлоо кодексиндеги өзгөртүүлөрдүн артыкчылыктарын белгилеп. - Шайлоочулар төрттөн-бештен барып же бир пачка бюллетень салып жаткан болсо анын баары көрүнүп калат. Ошондуктан, бир киши бир гана бюллетень таштай алат. Муну өтө чоң жетишкендик деп бааласак болот. Экинчиден, добуш берип жаткан кабинанын бир гана жагы жабык, калганы ачык болот. Муну эмне себептен талап кылдык? Себеби, мурда көпчүлүк шайлоочулар алдын-ала даярдалып чийип коюлган бюллетендерди чөнтөктөрүнө салып киришип, жашикке ташташчу. Ал жактан таза бюллетень алып чыгып кызыкдар адамга берип, акчасын алып добушун саткан учурлар болгон. Ошондуктан, биз шайлоочунун бүт кыймыл-аракети көрүнүп турсун деген талапты койдук. Бул өтө маанилүү жобо. Болгону кимге добуш берип жатканы гана жашыруун бойдон калат. Андан тышкары элди удургутуп, башын айландырбас үчүн жана шайлоонун так, ачык болушу үчүн президент шайлоого чейинки 90 күндөн ашпаган, 75 күндөн кем болбогон мөөнөттө шайлоо өткөрүүнү жарыялайт деген жобону киргиздик. Ага ылайык Борбордук Шайлоо комиссиясы шайлоо жарыялангандан кийинки он күндүн ичинде округдук, чөлкөмдүк шайлоо комиссияларын түзөт.

Кодекстеги дагы бир маанилүү жаңылык - «үгүт иштери депутаттыкка талапкерлер ырасмий каттоого алынып бүткөндөн кийин башталат» деген жобо болду. Депутаттардын пикири боюнча, мындай норма шайлоочуларды негизги иштеринен алагды кылбоо жана үгүт иштерин ырасмий каттоодон өткөндөн кийин талапкерлердин бардыгы бирдей шартта жана бирдей мөөнөттө баштоого мүмкүнчүлүк алсын деген тилек менен киргизилди. Ал тууралуу депутат Темир Сариев мыйдай дейт:

- Көп мамлекеттерде, маселен, Орусиядай чоң мамлекеттерде деле шайлоолор абдан кыска мөөнөттө өткөндүгүн көрүп жүрөбүз. Аларда шайлоо эки же эки жарым айдын ичинде эле өтөт. Бизде да ошондой мөөнөт болсун дедик. Эми үгүт иштери шайлоого 25 күн гана калганда бардыгы үчүн жалпы башталат.

Депутаттардын талашын жаратып, бирок, добуш бере келгенде колдоого ээ болгон жаңы нормалардын бири –округдук жана участкалык шайлоо комиссияларын түзүү маселеси болду. Кабыл алынган нормага ылайык мындан ары округдук шайлоо комиссияларын Борбордук шайлоо комиссиясы, участкалык шайлоо комиссияларын болсо округдук комиссиялар түзө турган болду. Комиссия курамы болсо ар кандай саясий күчтөрдүн өкүлдөрүнөн дыкат тандалып түзүлөт.

Дагы бир урунттуу жаңы нормага ылайык Кыргызстанда акыркы 5 жылда үзгүлтүксүз жашаган, анын ичинде ар жылы чет өлкөдө иштеген командировкасы 6 айдан ашпаган атуул гана талапкер боло алат. Андан тышкары бир шайлоо округундагы шайлоочулардын санынын айырмасы экинчисинен 5%, алыскы жана кыйынчылык менен жете турган шайлоо округдарындагы шайлоочулардын саны 10% ашпасын деген чек коюлду.

Депутаттардын өздөрүнүн да, коомчулуктун да нааразылыгын пайда кылып жаткан жаңылык - шайлоо алдындагы үгүт иштерине массалык маалымат каражаттарынын катышуусу жөнүндөгү нормалардын бүдөмүк жазылганы болду.

- Үгүт, реклама менен катардагы эле журналисттик материалдын айырмасы боюнча көп талаш-тартыштар болушу мүмкүн. - дейт депутат Темир Сариев. -
Эгер журналист саясий абалга кызыгып, талапкердин кимисинин көз карашы, программасы жакшы, жаман экендигин өз алдынча иликтеп материал жаза турган болсо, шайлоо комиссиялары аларды үгүт иштери катары баалап, талапкерди шайлоо жарышынан чыгарып коюуга негиз түзүлүп калды.


Депутаттардын пикири боюнча, кодекс учурдун талабына жооп бергидей болуп өзгөртүлдү. Эмки милдет - аны бузбай колдонуу. Бирок, бийлик административдик ресурсту катуу пайдаланып жиберсе, шайлоочулар калыстыктан таябы деген кооптонуулар да бар. «Атуулдук коом коррупцияга каршы» бейөкмөт уюмунун төрайымы Төлөкан Исмаилованын айтымында, андай абалга жеткирбөш үчүн атуулдук коом азыртадан аракет көрө баштады.

ГРУЗИН-АБХАЗ ЧАТАГЫН ЧЕЧҮҮ АРАКЕТТЕРИ

Бириккен Улуттар Уюму грузин-абхаз чатагын жөнгө салуудагы негизги ортомчу. Уюмдун дарегине саясий процесс жай жүрүп жатат деген сын көп айтылып келатат. Бирок ООНдун Абхазиядагы аскерий байкоочуларынын жетекчиси Жан-Мари Гуенно тынчтык аракеттери акырындап алга жылып аткандыгына ишенээрин билдирди.

“Азаттыктын” Нью-Йорктогу кабарчысы Боб Макмахонго берген интервьюсунда Гуенно азыркы учурду грузин-абхаз маселесин чечүү үчүн эң ыңгайлуу деп эсептей тургандыгын айтты:

- Грузия саясий, эл аралык маселелердин күн тартибине киргизилип, Коопсуздук кеңешине мүчө мамлекеттердин кийлигишүүсү ушу тапта өтө маанилүү.

Мындан бир нече жыл мурун “Бириккен Улуттар Уюмунун баш катчысынын Грузия боюнча достору” деген топ түзүлгөн болчу. Ага АКШ, Россия, Франция, Улуу Британия, Германия жана Болгария кирет. Топко эки тараптын саясий сүйлөшүүлөрүнө ортомчулук кылуу вазийпасы жүктөлгөн. “Өткөн жылы Британия, АКШ жана Россия өз чабармандарын Женевадагы жолугушууга жиберип, жаңжалды жөнгө салууда маанилүү кадам жасалды”, - деп эсептейт Гуенно. Ортомчулар Грузия менен Абхазия ортосунда ишеним кырдаалын түзүү боюнча маанилүү практикалык иш-чараларды белгилешти. Президент Шеварднадзенин отставкасына алып келген Грузиядагы саясий окуялардан улам топтун декабр айына белгиленген жыйыны болбой калды.

Гуеннонун айтымында, жогорку даражалуу өкүлдөрдүн эмки жолугушуусу февралга болжолдонууда. Ага чейин президенттик шайлоо өткөрүлүп, Грузиянын жаңы лидерлиги аныкталып калмакчы. Баса, Гуенно эл аралык уюмдардын өкүлдөрүнүн арасынан биринчилерден болуп, Грузиянын убактылуу мамлекет башчысы Нино Буржанадзе менен жолуккан. Ж.-М. Гуенно:

- Грузия жылдар бою дүйнөлүк масштабдагы тыкыр маселе катары каралбаганынан жапа чегип келди. Менин оюмда, эл аралык коомчулук жагдайга канчалык көбүрөөк көңүл бурса, грузин-абхаз чатагын чечүүгө ошончолук көп мүмкүнчүлүк пайда болот. Бул жагынан алганда ортомчулар тобунун ролу абдан маанилүү.

Коопсуздук Кеңеши Абхазия Грузиянын курамында калсын деген планды расмий түрдө жактайт. Бирок абхаз сепаратисттери планды четке кагып, аны талкуулоодон баш тартып келатышат.

Ошентсе да, Сухуми эки тарап ортосундагы мамилелерди жакшыртуунун жолун талкуулого каршы эмес. Өткөн жылы “Бириккен Улуттар Уюмунун баш катчысынын Грузия боюнча достору” тобунун көмөгү менен Абхазияга чектеш Гали районуна кайтып барган качкындар үчүн коопсуздук кепилдиктери берилсин деген келишимге жетишилген.

Ошол келишимдин алкагында БУУ чөлкөмгө 20 чакты полиция кызматкеринен турган эл аралык мониторинг тобун жиберди. ООНдун эксперттери эми эки тарап оротосундагы экономикалык алакаларды жандантуу боюнча өз рекомендацияларынын үстүнөн иштеп жатышат.
Ошентип, бара бара Тбилиси менен Сухумини сүйлөшүү үстөлүнө отургузуу үчүн ыңгайлуу шарттар түзүлөт деген ишенимин билдирет Гуенно:

- Албетте, алга жылуу үчүн негизги платформа болуп эсептелген саясий процессти эстен чыгарбаш керек, ошону менен бирге ушу тапта конкреттүү иш-чаралар аркылуу Абхазия менен Грузиянын жетекчилиги ортосунда орток пикир табууга мүмкүнчүлүк ачылмакчы.

Грузия менен Россиянын начар мамилелери тынчтык процессин кыйындаткан чоң факторлордун бири. Россия грузин-абхаз чек арасындагы бейпилдик күчтөрүнө жетекчилик кылат. Ошол эле мезгилде өзүн өзү көз-карандысыз деп жарыялаган Абхаз жумуриятына Москванын таасири абдан күчтүү.
Бейшембиде Грузия менен Россиянын мамлекет башчылары жолугуп, эки тараптуу маселелерди талкуулашты.

ИРАК: СОҢКУ ОКУЯЛАР

Бейшембинин таңында Ирактын башкалаасы Багададда дагы бир нече жарылуу болду. Козголоңчулар бул ирээт бутага алган обьектилерин минемоттон жана ракеталар менен аткылашты. Бирок оор жаракат алгандар менен каза тапкандар болгон жок.

Америкалык аскерий өкүлдөрдүн билдиргенине караганда, бейшембинин таңында козголоңчулар тарабынан шаардын борбордук аймактарын көздөй беш же алты ракета коё берилген. Шаршембинин кечинен тартып бутага алынган обьектилердин арасында Ирактын башкалаасындагы " Шератон", "Багдад" мейманканалары, Иран элчилигинин имараты, АКШ аскерлеринин базасы бар. Маселен көбүнесе Иракта контрактык негизде иштеп жаткан чет элдиктер анын ичинде журналисттер да токтоочу "Шератон" мейманкансын козголоңчулар минемот менен атышкан. Минемоттун снаряды мейманкананын сырткы дубалына тийген экен, андан 19 кабат келген имараттын айрым кабаттарынын айнектери күбүлүп түштү. Бул окуялардын алдында шаршемби күнү Багдадда жолдо болгон жарылуудан төрт америкалык аскер,ал эми өлкөнүн түндүгүндөгү Эрбил шаарында жасалган террактан алты ирактык каза тапкан. Эрбилдин калкынын басымдуу бөлүгүн күрттөр түзөт. Жанкечти айдаган автоунаа өкмөттүк кеңселердин биринин бет маңдайында жарылган.

Шаршембиге чейин Иракта козголоңчулардын деми мурдагыдан басаңдап калганы кабарланган эле. Эми америкалык аскерий өкүлдөрдүн айтымында, алар бул күндөрү дүйнө христиандарынын ыйык майрамы – Иса пайгамбардын туулган күнү белгиленип жатканына тушташ өз чабуулдарын күчөтүшүүдө.Коалициянын аскерлери да учурда козголоңчуларды издеп, табуу операциясын дээрлик күн сайын жүргүзүп жатышат. Мындай операциялардын учурунда алар кээде кадимки согуш усулдарын да колдонушууда. Бейшембинин таңында болгон жарылуулардан кийин да америкалык аскерий учактар козголоңчулар бар делген жерлерге абадан сокку урду. Алар учурда Ирактын мурдагы төбөлдөрүнүн бири, Революциялык башкаруу кеңешинде Саддамдын орун басары болгон Изат Ибрагим ал- Дурини колго түшүрүүгө аракеттенишүүдө. Ал Ирактагы козголоңчул кыймылдын негизги уюштуруучусу катары каралууда. Ушул аптада Багдадда ал-Дури менен туугандык жайы бар Гази Ханаш аттуу адам камакка алынды. Изат –Ибрагим ал- Дури - Ирактын мурдагы режиминин АКШ түзгөн тизмесиндеги 55 адамдын ичинен азырынча дайыны табыла эле 13нүн эң жогору даражалуусу.

Мунун аралыгында кечээ Жапония Иракка өз аскерлеринин алгачкы тобун жөнөттү. Комаки шаарындагы аскердик базада узатуу жыйынында сүйлөгөн учурунда жапон өкмөт башчысы Дзюньитиро Коидзуми буларды айтты:

- Иракта кырдаал коопсуз деп айтууга болбойт. Биз бул татаал жана коркунучтуу миссия экенин моюнга алышыбыз абзел жана муну силер да сезип, Ирактагы ишиңерди эң мыкты аткарышыңар керек. Жапониянын гүлдөп өнүгүүсү жана бейкуттугу дүйнөдөгү тынчтыкка жана бакыбатчылыкка жараша болот. Өз проблемаларга эле көңүл буруу жетишсиз. Биз Иракта тынчтык орнотууга жардам беришибиз керек. Жапониядагы прогресс ушуга байланыштуу.

Жапония Иракта гуманитардык багыттагы жана калыбына келтирүү иштерине катышуу үчүн 1000дей аскер жайгаштырууну пландоодо. Бирок өлкөдө буга каршы болгондор да бар. Өзгөчө каршылык жакында Иракта эки жапон дипломаты каза тапкандан кийин күчөдү.

Ал эми АКШнын Ирактагы ири аскер контингенти өлкөдө көпкө кармалышы мүмкүн. Бул тууралуу президент Жорж Буштун Конгресске жолдогон соңку отчетунда айтылган.

ПАРИЖДЕН ЛОС-АНЖЕЛЕСКЕ BOEINGдер УЧПАЙ КАЛДЫ...

Лос-Анжелес шаарынын эл аралык аэропортунда күчөтүлгөн коопсуздук чаралары көрүлдү. Мунун айынан Франциянын улуттук Air France авиакомпаниясынын Парижден Лос-Анжелеске каттаган рейстери жума күнгө чейин токтотулду. Мунун соңунан Нью-Йорктун “Ла Гуардиа” аэропортунда коркунуч тапалаңы жарыяланып, бардык авиакаттамдар бир жарым саатка кармалышты. Жекшемби күнү америкалык бийликтер Рождество майрамы маалында террордук иштер уюштурулушу мүмкүн деп чочулап, эмдиги жылдын биринчи жекшембисине чейин өлкөдө экинчи деңгээлдеги коркунуч абалын жарыялашкан эле.

Франциянын ички иштер министрлиги бейшембиге караган түнү чукул билдирүү жасап, террорчулар, кыязы, улуттук авиакомпаниянын лайнерин басып алуу планынан айнып калган болуу керек деп ырасташты. Азыр компаниянын бардык каттамдарын, анын ичинде Лос-Анжелеске уча турган рейстерди франциялык жандармериянын – атайын органдардын кызматкерлери коштоп жүрүшөт. Муну билген соң, француз ички иштер министрлигинин өкүлү айткандай, террочулар пландарын өзгөрткөн шекилдүү.

Алардын ушундай ниети бар экенин Парижге Кошмо Штаттардын атайын кызматтары кабарлашты. Атүгүл АКШнын ички коопсуздук министрлигинин өкүлү Франс пресстин кабарчысына террорчу деп шектенткен жүргүнчүлөрдүн аты-жөнүнө чейин Парижге айтылды деп билдирди. Бирок муну француз тарабы азырынча комментариялай элек.

Америкалык тараптагы дагы бир маалымдар адам, Ройтерстин кабарларына ылайык, Лос-Анжелеске учканы жаткан лайнерге “Ал-Каиданын” мүчөсү кирип алган эле деп билдирген. Болжол менен борттогу 450дөй жүргүнчү рейстен алынып, кайра текшерүүдөн өткөрүлдү. Алардын арасында “ал-каидачы” табылган-табылбаганы белгисиз, бирок Франциянын премьер-министри Жан Пьер Раффарендин кеңсеси рейстердин баары “терроризмге каршы күрөштөгү кызматташуу жөнүндөгү эки тараптуу макулдашууга ылайык” токтотулгандыгын жарыялады. Air France компаниясынын өкүлдөрү болсо террордук коркунуч тууралуу ар кандай маалыматка олуттуу маани берише тургандыгын ырасташып, ошондуктан Парижден Лос-Анжелеске каттаган алты рейстин баары эки күнгө масык кылынганын айтышты.

Лос-Анжелестин өзүндө болсо америкалык атайын кызматтар масштабдуу операцияларды өткөрүп жатышат. Аэропорттун имаратына жакын жадакалса менчик автомашиналарды койгонго да тыюу салынды. Шейшемби күнү шаардык полиция мандемдүү бир адамды кармады, анын террочулар менен байланышы бар дешет. Жалпы Америкада террордук коркунучтун жогорулатылган абалы жарыяланды. Ал алдыдагы жылдын биринчи жекшембисине чейин созулат.

ӨКМӨТ ЧЕГАРАНЫ ЧЫҢДОО АРАКЕТИНДЕ

Кыргыз өкмөтүнүн 25-декабрдагы жыйынында чегараны коргоо жана чегара бөлүктөрүнүн абалын жакшыртуу маселелери талкууланды. Анда чегараны бекемдөөгө бардык министрликтер, мекеме, уюмдар жардамдашсын деген милдет коюлду.

Кыргызстандын Чегара кызматынын төрагасынын орун басары Нурдин Чомоевдин билдирүүсү боюнча чегара бөлүктөрү жана чегара бекеттери материалдык-техникалык жактан жакшы камсыздалбай жатат.

- Биздеги башкы көйгөй – имарат, - дейт Нурдин Чомоев. - Кээ бир райондордо чегара бекеттеринин курулушу 1999-жылы башталып, Каржы министрлиги каражатты толук бербей койгондугунан улам алар бүтпөй калган. Экинчи көйгөй - радиобайланышты камсыздоочу аппараттардын жана баңгизаттарды издеп табуучу жабдуулардын жетишсиздиги. Анан дагы бизде авиация, тик учма деген такыр жок. Анткени, айрым бир күтүүсүз кырдаал түзүлгөн учурда ал жерлерге тез арада жете албайбыз. Андан тышкары кышында жөө да, машина менен да жеталбай турган эки-үч чегара бекетибиз бар. Ал жерлерге тик учма менен гана барыш керек. Ошон үчүн бизге авиация абдан зарыл.

Нурдин Чомоевдун айтымында, коңшу мамлекеттер менен чегаранын такталбай жатканы коопсуздукту камсыз кылууга терс таасирин тийгизип жатат:

- Тажикстан, Өзбекстан менен мамлекеттик чегара тилкебиз такталбай жаткандыктан, талаш жаралган учурлар арбын. Айрыкча, Сох анклавындагы өзбек чегарачылар менен талаш көп болот. Өзбек чегарачылары «Бул биздин чегара» дешет, биз болсо «карта боюнча биздики» деп талашып калабыз. Ошондуктан, делимитация жана демаркация иштери тез бүтсө, биз дагы мамлекеттик чегарабызды так билип иштегенибизге жакшы болот эле.

Жыйында чегарачылардын абалы чындыгында эле оор экендигин Баткен, Нарын жана Жалалабад облустарынын губернаторлору да белгилешип, чегарачылар миллиондогон сомдук маяналарын ала электигин, жаңы жылды куру дасторкон менен тосууга мажбур болуп турушканын ачык айтышты. Чегарачылардын абалын жакшыртпаса мамлекеттин коопсуздугу коркунучка кабылаарын премьер - министр Николай Танаев да белгилеп, бул кызматка тезинен көңүл буруу зарыл деди:

- Биз кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн 2200 жылдыгын белгилөөгө даярданып жаткан кезде Улуттук коопсуздук кызматы «Пакистанда атайын даярдыктан өткөн куралчан топтор Ооганстан аркылуу Тажикстандын аймагына өттү» деген маалымат берди, - деди өкмөт башчы. - Алар дароо изин жашырып кетишиптир. Ушундан улам биз майрамга байланыштуу иш-чаралардын коопсуздугун камсыз кылыш үчүн чегараны кесип өткөн бардык ашууларга, ар бир жылчыкка чегарачыларды коюп, алар 4500 метр бийиктиктеги тоолордо бир жарым ай күзөттө олтурушту. Силер бир жарым ай эмес азыр эки күн олтуруп көргүлөчү!

Ушундан улам Николай Танаев жаңы жылдан тартып ар бир министрлик, мекеме-уюмдардын жеке эсептериндеги каражаттарды Чегара кызматына котороорун айтты:

- Урматтуу министрлер, силердин ар бириңердин жеке эсептериңерде акчалар бар. Мен январь айынан тартып Чегара кызматына акчаңарды тартып берүүгө мажбур болом.

Андан тышкары өкмөт башчы азыр Бишкек эркин экономикалык аймагында жасалып жаткан эки орундуу «Ак кептер» аттуу учакты чегарачыларга сатып берүү маселеси күн тартибинде тургандыгын билдирди. Николай Танаевдин айтымында, Чегара кызматынын абалын жакшыртуунун бир жолу - Орусиянын Чегара кызматы менен тыгыз кызматташыш керек.

ПРЕМЬЕР-МИНИСТР АЛГАН 102 МИҢ ДОЛЛАР НАСЫЯ АКЧА ЧУУ ЖАРАТТЫ

Сапар Орозбаков, Бишкек Шейшемби күнү «МСН» гезити премьер-министрдин үй сатып алуу максатында «Кыргызстандын улуттук электртармактары» акционердик коомунан 102 миң доллар ссуда алгандыгы тууралуу жазып чыккан болчу. Шаршемби күнү Адилет башкаруу боюнча улуттук кеңештин жыйынында Николай Танаев бул тууралуу түшүндүрмө берип, ал акчаны ноябрь айында эле кайрып бергенин билдирди.

«МСН» гезити өзүнүн шейшемби күндөгү санында быйыл январь айында премьер-министр Николай Танаев үй сатып алам деп «Кыргызстандын улуттук электртармактары» акционердик коомунан 102 миң доллар кредит алганын жазып чыккан болчу. Макаланын автору Рина Приживойттун жазганына караганда мындай маалымат Эл өкүлдөр жыйынынын депутаты Исхак Масалиевге келип түшкөн. Депутат өз кезегинде анын чын-төгүнүн билүү максатында Башкы прокуратурага жана Эсеп палатасына кат жөнөткөн.

Шаршемби күнү болуп өткөн Адилет башкаруу боюнча улуттук кеңеште премьер-министр өзү жөнүндө чыккан макала тууралуу унчукпай коё алган жок. Николай Танаев ал акчаны алганы чын экенин билдирди. Бирок анын гезитке жарыяланып кетишин «кезектеги жөөлөп өтүү» деп баалады:

- Мен мындай көрсөтмөнү ким бергенин, кимге берилгенин, ким айтып чыкканынан өйдө билем. Мен ал маселе тууралуу анчалык айтылгандан кийин маалыматтын баары аягына чейин айтылууга тийиш болчу деп эсептейм.

Николай Танаевдин айтымында, ал мындан 2 жыл мурда уулу менен бирге 3 бөлмөлүү квартирада жашап, ал тардык кылганда мамлекеттик дачага көчүп кеткен. Бирок ал жерде, Николай Танаевдин айтымында, ыңгайлуу шарт жок. Ал кайтарууга алынган өзгөчө аймак болгондуктан достору менен гана эмес, небереси менен да чанда көрүшөт. Өткөн жылы ал далай жылдардан бери өндүрүлбөй келаткан Казакстандын Кыргызстандан алган электр энергиясы үчүн 12 млн. доллар карызын кайтарууга жетишкен. Анын бул эмгеги үчүн «Кыргызстандын улуттук электртармактары» акционердик коомунун жетекчилери үй сатып беребиз дешкен.

- Менин үйүм жок экенин энергетиктер билишип, мага үй сатып берүүнү сунуш кылышты, – дейт Николай Танаев. - Мен баш тарттым. Анткени ал мыйзамсыз болчу. Андан кийин алар кредит сунушташты. Алардын иштелип чыккан жобосу бар. Алар өздөрүнүн кызматкерлерине үй сатып алууга же үй курууга 5 млн. сомго чейин кредит беришет. Мен ал убакта макул болуп 5 жылга кредит алдым.

Исхак Масалиев өнбөй жаткан карызды өндүрүү өкмөт башчынын түздөн-түз милдети экенин, анын бул үчүн кошумча акы талап кылууга акысы жок экендигин билдирет:

- Премьер-министр Николай Танаев брокер же ортомчу эмес да. Ал мамлекеттин аткаруу бийлигинин башчысы. Карызды өндүрүү - анын милдети. Ал үчүн айлык алат. Айлыгы биздикинен да көбүрөөк. Телевизордон бүт Кыргызстанга «мен карызды өндүрүп бердим, ошондуктан мага шарт түзүп берүүгө милдеттүү» дегени туура эмес.

Бирок Николай Танаев алган кредитин ноябрь айында эле, Адилет башкаруу боюнча улуттук кеңештин төрагасы болуп бекигенден кийин кайрып бергенин айтат.

- Бирок Аскар Акаевич мени Адилет башкаруу боюнча улуттук кеңештин төрагасы кылып дайындаганда, менин жаңы кызматым алаканга салгандай ачык көрүнүп турарын түшүндүм. Ошондуктан мен кредиттик линиядан баш тарттым. Куруучулар акчаны кайтарып беришти, – деди Николай Танаев.

Исхак Масалиев болсо премьердин өзү төрагалык кылган акционердик коомдон кредит алышы туура эмес деп эсептейт:

- Николай Танаев «премьер катары кредит алганым туура эле болчу» деп жатат. Адилет башкаруу боюнча улуттук кеңештин төрагасы болгондо анын мурдагы кадамы туура эмес болуп калат экен. Антип салыштырууга болбойт да. «Мамлекеттик кызмат жөнүндө» мыйзам бар. Ага морал-этика боюнча талаптар киргизилген. Кредит алгысы келсе, банктан 38% менен алсын.

Исхак Масалиев Николай Танаевдин «бул атайын уюштурулган иш» дегени жөнүндө минтип билдирди:

- «Бирөө уюштурду» деп айткандан кийин атын да айтыш керек. Мен бул сөздү мурда эле уккам. Октябрь-ноябрь айларында элге билингенден кийин, ал кредитти кайтарып берген. Менде ал кезде документтер жок болчу. «Улуттук электртармактардын» жетекчилерине кайрылсам, «андай факты жок» деп коюшкан.

Бул окуя тууралуу пикирин сурап белгилүү саясатчы, депутат Өмүрбек Текебаевге кайрылдык:

- Премьер-министр биринчи кезекте саясий кызмат, – деди Өмүрбек Текебаев. -
Анын жүрүм-туруму, жасаган иши мамлекет үчүн маанилүү. Ага карап майда чиновниктер үлгү алып, этикага сыйбаган иштерди жасашы мүмкүн. Премьер-министр 100 миң долларды кризис болуп кыйрап жаткан тармактан алышы ыйманга жатпайт. Мыйзам жагынан алып караганда деле директорлор кеңешинин мүчөлөрү премьер-министрге көз каранды адамдар. Саясий жана моралдык жактан болсо бул абдан туура эмес көрүнүш. Мен Николай Танаев ал кредитти кайтарып берип тим болбостон, кызматтан да кетиш керек эле деп ойлойм.

КЫРГЫЗСТАН МЕНЕН КАЗАКСТАНДЫН ОРТОСУНДА «БИРИМДИК КЕЛИШИМИНЕ» КОЛ КОЮЛДУ

Бүгүн Кыргызстандын президенти Аскар Акаев Казакстанга ырасмий сапар менен барды. Сапар учурунда «Биримдик келишимине» жана өкмөттөр аралык бир катар документтерге кол коюлду.

25-декабрда Астана шаарында кыргыз президенти Аскар Акаев менен казак президенти Нурсултан Назарбаевдин сүйлөшүүлөрү өттү. Анын жыйынтыгында эки тарап 5 документке кол койду. Бул тууралуу Казакстандын президенттинин басма сөз кызматынын өкүлү Лаззат Танысбай мындай деген маалыматын айтты:

- Эки тарап «Биримдик келишимине» кол коюшту. Келишимдин алкагында экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча план дагы кабыл алынды. Андан сырткары, эки мамлекеттин өкмөттөрүнүн ортосунда эл аралык автомобилдик каттам, мамлекеттик чегарадагы бекеттер жөнүндө макулдашууга, Казакстандын Дүйнөлүк соода уюмуна кирүүсүнө байланыштуу протоколго жана Кыргызстандагы Казакстандын мүлкүн таануу тууралуу протоколго кол коюлду.

Казак президенти «Биримдик келишимине» кол коюлгандан кийин «Биримдик деген бул - бирдиктүү коргонуу, террорчулукка жана экстремизмге каршы күрөш» деп билдирди. Ошондой эле Нурсултан Назарбаев «эки мамлекет Орусия менен Белорустун биригүүсүнүн үлгүсүндө баратат» деген кептерди төгүндөп, бирок келечекте андай идеядан баш тартууга болбосун белгилеген. Ал эми кыргыз президенти Аскар Акаев «мындай идея бар экендигин, бирок биригүүгө башка жол менен келишибиз мүмкүн» деген.

Эки мамлекеттин соодасы быйылкы жылдын 10 айында өткөн жылга салыштырганда 40% ашуунга өсүп, январь-октябрда сооданын көлөмү 159 млн. долларга жеткен. Кыргызстандын экспорту 38 млн. долларга, ал эми импорту 121 млн. долларга жеткен. Казакстандын Кыргызстанга экспортунун 60% ашуунун мунай заттары түзгөн.

Кыргызстандын мурдагы Тышкы иштер министри Муратбек Иманалиевдин айтымында, эки мамлекеттин ортосунда ушул кезге чейин чечилбей келаткан суу, транспорт, соода маселелери бар. 25-декабрда кол коюлган «Биримдик келишими» баш болгон макулдашуулар бул маселелерди чече алабы - аны мезгил көрсөтөт.

Кыргыз-казак мамилесинде дагы бир талылуу маселе бар . Ал - чегараны делимитациялоо тууралуу келишим. Казак тарап аны бекиткен. Бирок Кыргызстандын парламенти ал келишимди ратификациялай элек. Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйынынын Эларалык байланыштар боюнча комитетинин төрагасы Алишер Абдимомуновдун айтымында, кыргыз өкмөтү ал келишимди ратификациялоо үчүн декабрь айынын башында парламентке документтерди өткөргөн. Бирок келишимдин айрылгыс бөлүгү болгон чегара сызыгынын өтүшү тууралуу карта кошо берилген эмес. «Кыргыз-кытай чегара келишимин ратификациялоодо да ушундай көрүнүш болгон жана ал азыр да кайталанууда», - дейт Алишер Абдимомунов.

ГРУЗИЯ ПРЕЗИДЕНТИНИН МИЛДЕТИН АТКАРУУЧУ Н.БУРДЖАЗАДЗЕ МОСКВАДА СҮЙЛӨШҮҮЛӨРДҮ ӨТКӨРДҮ.

Төрөкул Дооров Грузия президентинин милдетин аткаруучу Нино Буржанадзе 25-декабрда Орусиянын мамлекет башчысы Владимир Путин менен жолугушту. Буржанадзе айым Москвага болгон эки күндүк иш-сапары учурунда алгач Орусиянын тышкы жана ички иштер министрлери, ишкерлер жана бир катар саясатчылар менен жолугушуп, эки мамлекет ортосундагы чекара маселеси, ошондой эле мындан аркы карым-катнаштын багыты туралуу сүйлөшүүлөрдү өткөрдү.

Айтылуу «жибек ыңкылабын» баштан кечирген грузин калкы бир айдан ашуун мезгилден бери убактылуу өкмөтү менен жашап, президенттик шайлоого карата камын көрүүдө.

Грузиядагы бийликтин алмашуусу менен өлкө курамындагы автономиялуу региондор айланасындагы талкуу курчуду. Жагдайдын Грузиянын жаңы жетекчилигине жагымсыз түзүлүшүнө, айрым жергиликтүү саясатчылардын ойлорунда, Ажария үчүн визасыз каттам киргизген Орусия күнөөкөр. Андыктан, Грузия менен Орусия ортосундагы чек-ара проблемасын чечүү максатында, Грузиянын учурдагы лидери Нино Буржанадзе Москвага келген эле. Ал шаршемби күнү бул маселе үстүндө Орусиянын тышкы иштер министри Игорь Иванов менен маектешти. Иванов Шеварнадзенин бийликтен кетирген «жибек ыңкылабы» учурундагы чатакты басууда чон роль ойногон. Буржанадзе айым менен өткөн жолугушууда Иванов Грузия менен Орусия ортосундагы виза каттамы түбөлүктүү эмес экендигин, «проблеманын чечилиши тараптардын терроризмге каршы күрөшүү аракеттерине жараша боло тургандыгын» билдирди.

Ал эми бейшемби күнү Нино Буржанадзе президент Владимир Путин менен жолугушту. Мамлекет башчыларынын айтымдарында, бул жолугушуу Грузия менен Орусия ортосундагы көптөгөн проблемаларды чечүүгө жакшы мүмкүнчүлүк берет. Андан ары сүйлөшүү жабык эшиктер артында өткөндүктөн кандай маселелер талкууга алынгандыгы азырынча белгисиз.

Буржанадзени Москвада чет өлкөлүк согушчандардын Грузия аркылуу Чеченстанга кирип жаткандыктары тууралуу жагымсыз кабар да күтүп жаткан. Орус президентинин жардамчысы Сергей Ястрежембский ноябрь айында Чеченстанда кармалган жоочулардын паспортторунда Грузия тарабынан берилген туристтик визалар катталганын шаршемби күнү маалымдаган эле.
Сергей Ястрежембский:

- Панкиси капчыгайы аркылуу Чеченстанга өтүүгө умтулуп жатышкан террористтер үчүн Грузия дагы эле «чоң көчө» бойдон калууда. Андыктан, азырынча Грузия менен Орусия ортосундагы виза каттамды алып салуу жөнүндө кеп кылуу эртерээк.

«Буржанадзе айым Москвага келген күнү эле президенттин жардамчысы жарыя кылган сепаратисттер тууралуу сөз Кремлдин Грузия менен байланыштуу проблемаларды чечүүдөгү жигерсиздигин көрсөтүп жаткандыгына далил» деп эсептешет айрым байкоочулар. Грузин лидери Ястрежембский келтирген фактылардын тууралыгын четке каккан жок. Анын айтымында, визалар Грузиядагы буга чейинки бийлик тушунда берилген болушу мүмкүн. Ошол эле учурда, Путинге жакын адамдын Грузияны «террористтер үчүн ачык көчө» деп сүрөттөшү эки мамлекет ортосундагы көптөгөн татаал маселелердин чечилишине кедерги боло тургандыгын да эскертти. Нино Бурджанадзенин айтымында, ал чечен-грузин чек-арасына жакын аймактарда өзү жакында болуп кайткан жана ал жерлердеги абал менен жакшы тааныш:

-Чек-ара бекем корголууда. Ошондой эле Грузия аймагынан Орусияга террористтер өтө албайт деп мен толук жоопкерчилик менен айта алам».

ШОТЛАНДИЯ АЗЕРБАЙЖАН-АРМЕНИЯ СҮЙЛ ӨШҮҮСҮНӨ АРАЧЫ БОЛДУ

Президент Гейдар Алиев көз жумгандан бир жума кийин, Азербайжан, Армения жана Грузиянын парламентарийлери кездешип, Тоолуу Карабах маселесин талкуулашты. Үч өлкө парламентарийлери Шотландияда болгон кездешүүнү Карабах чатагын чечүүдөгү оң жылыш катары баалашты. Тоолуу Карабах чөлкөмүнүн армян жамааты 1991-жылы өздөрүн Азербайжандан күнкорсуз жарыялап, ошондон бери ырасмий Бакуга баш ийбейт. Тоолуу Карабах чатагынан чыккан урушта Армения Азербайжандын 14 процент жерин басып алган.

Тоолуу Карабах чатагын жөндөө боюнча Азербайжан, Армения жана Грузиянын парламентарийлеринин кездешүүсү 16-20-декбарда Шотландияда болду.
Маанилүү жыйындын обочодо турган чакан шаарда өтүү себебин Британ парламентинин мүчөсү Ангус Робертсон: “Тынчтык сүйлөшүүсүн Шотландияда өткөрүп, үч республиканын 30 депутатына өз жеринде талкуулай албаган суроолор боюнча ачык пикир алмашканга мүмкүндүк бердик”,- деп түшүндүрдү.

Кездешүүнү 2001-жылы түзүлгөн Түштүк Кавказдын парламенттик демилгеси деген топ уюштурду.

Грузия Жогорку Кеңешинин мүчөсү Звиад Мукбиани британ бийликтеринин Шотландия парламентинин укугун кеңейтип, Лондон менен Эдинбург арасындагы мамилени бекемдегени, Тоолуу Карабах маселесин жөнгө салууда жакшы үлгү болот деген үмүттө.

Байкоочулардын айтымында, Түштүк Кавказ республикаларынын саясатчалырынын жолугушуусунда чоң жылыш болбогону менен, армян жана азербайжан парламентарийлеринин биринчи жолу шотланд жеринде чогуу отуруп, регион үчүн өтө маанилүү проблеманы талкуулашканынын өзү чоң ийгилик.

Тараптардын Карабах чатагы саясый жол менен чечилиш керек деп жалпы бүтүмгө келүүсүн жана ушундай мааниде билдирүү жасоосун да талдоочулар жакшы саамалык катары белгилешти.

Беш күндүк сүйлөшүүдөн соң Тоолуу Карабах жаңжалы тынчтык жолу менен жөндөлүш керек деген билдирүү, Британиянын Грузиядагы мурдакы элчиси Стефан Наштын айтымында, болочокто Баку-Ереван арасында өтчү ырасмий сүйлөшүүлөр үчүн негиз болуп берет.

Армения парламентинин төрагасынын орун басары, өлкөнүн Европа парламенттик ассамблеясыдагы өкүлү Тигран Петросяндын пикиринде, эки өлкөнүн мыйзамгерлеринин кездешүүсү ушуну менен токтоп калбаш керек.
Т. Петросян:

- Делегаттар Тоолуу Карабах проблемасын тынчтык жолу менен чечүү үчүн дагы кездешүүсү шарт. Эки өлкөнүн парламентарийлери маселенин саясый жол менен жөндөлүүсүнө жетишүүсү зарыл. Эки тарап президенттер Роберт Кочарян менен Илхам Алиевдин Женевада болгон кездешүүсүн колдоду. Армения менен Азербайжандын парламенти проблеманы чечүүдө чоң роль ойнош керек.

Роберт Кочарян менен Илхам Алиевдин 11- декабарда болгон кездешүүсүнөн кийин эки жактуу диалогду улантууга дилгир экенин ырасташкан.

Эксперттердин пикиринде, Армения-Азербайжан арасындагы сүйлөшүүлөрдүн жандануусу Ереван менен Анкара ортосундагы мамиленин жакшыртып, Армениянын экономикалык камоодон чыгышын тездетүүгө өбөлгө болот.

Азербайжан гезиттеринде соңку чыккан маалыматтарга караганда, учурда Карабах маселеси боюнча эки жактуу пикир алмашуулар жүрүүдө жана анда Азербайжанга Армения басып алган айрым аймактарды кайтарып берүү мүмкүнчүлүгү талкууланган.
Бул кабарды Азербайжандын мурдакы тышкы иштер министри Тофик Зулфукаров да биздин радиого берген интервьюда жарым-жартылай тастыктады:

- Сөз үч район жөнүндөбү же бардык жерлер тууралуу болуудабы, айтуу кыйын. Ошентсе да, бул же буга окшогон маселе талкууланып жатат.

ТҮРКИЯ ТЕРРОРДУК ЖАРДЫРУУЛАР БОЛУШУ МҮМКҮН ДЕП САКТАНУУДА

Аким Өзгөн Түркиянын Истамбул шаарында ноябрь айында болгон террактылардан кийин кабыл алынган коопсуздук чаралары дале сакталып кала берүүдө. Бирок, мындай абал Түркиянын Европа Биримдигине өтүү аракетин токтоткон жок: ырасмий Анкара Түндүк Кипр маселесин жөндөөнүн жолдорун издөөдө.

Бир жагынан, Түндүк Ирактагы күрттөрдүн федерация түзүү жөнүндөгү соңку демилгеси, экинчи жактан өткөн айдагы шайлоодон кийин Түндүк Кипрдеги түрк коомчулугунда жаңы өкүмөттү куруу иш-аракети, ошондой эле Евробиримдикке мүчө болуу алдындагы маселелер менен алпурушкан Түркиянын дипломаттары азыр түрдүү чийеленишкен проблемалар менен күрөшүүдө.

Эмки жылдын май айында Кипрдин грек бөлүгү Евробиримдике мүчө болуп калат. Ырасмий Анкара Кипрде жарым кылымга жакын мезгилден бери уланып келаткан жаңжалды чечүүгө ынтызар болгону менен, Түндүк Кипрдеги шайлоонун натыйжасында туюкка капталды. Жаңжалды Бириккен Улуттар Уюмунун баш катчысы Кофи Аннандын планына ылайык чечүүнү каалаган оппозицияга планга өзгөртүүлөр киргизилбесе, аны талкуулабайбыз деген башкаруучу коалициялык партиялар, шайлоодо тең чыгышып, парламенттеги орундарды тең бөлүшүүгө аргасыз болушту. Эки тарап жакын арада мунасага барып, өкмөт кура албаса, кайра шайлоо болушу ыктымал.

Евробиримдик уюмга мүчө болууга умтулар Түркияанын алдына, Копенгаген келишиминде каралган саяасий критерийлерде камтылбаса дагы, Кипр аралындагы жаңжалдын чечилишин талап катары бетке тутууда.

Түркия Копенгаген критерийлерин ишке ашырууда кийинки бир жылдын аралыгында жигердүү аракеттенди; өлкөнүн тышкы иштер министрлиги бул багытта бүгүнгө чейин аткарылган иштерди көздөн өткөрүш максатында Евробиримдиктеги бардык баш элчисин жана БУУдагы туруктуу өкүлүн Анкарага чакырды.
Учурда жүрүп жаткан алардын масилээт мүнөзүндөгү чогулушунда Кипр маселеси да талкууга алынат деп күтүлүүдө.

Евробиримдик алда качандан бери таназарга албай келген Түркиянын узактан берки талабын орундатып, “Улуу Чыгыштын чабандестеринин ислам фронту”(ИБДА-Ч) уюмун террорчу уюмдардын тизмесине кошту. Евробиримдик бул тизмесин ар 6 айда бир жолу көздөн өткөрөт. Евробиримдик ИБДА-Чны умду ноябрь айында Истамбулда болгон террордук жардырууларга байланышы бар экенин биримдиктин ырасмий гезити шаршемби күнкү санында жарыялады.

Евробиримдик күрттөрдүн, ириде ПКК аталып, кийин атын КАДЕК деп өзгөрткөн жикчил тобун террористтердин тизмесине кошуу жөнүндөгү Түркиянын талабын али канааттандыра элек.

“Улуу Чыгыштын чабандестеринин ислам фронту” Түркияада шарияатка негизделген башкаруу системасын киргизүүгө үгүттөгөн, ошондой эле, азыркы секулярдык башкаруунун “мыйзамсыз” деп санаган суннит-селефи тарикасына таандык террор уюшма. Ал Түркиянын секулярдуу демократиячыл системаны туруксуздаштыруу максатында түрдүү оппозициялык күчтөр менен кызматташат. Бул кызматташтык, кийинки жардыруулар далилдеп көрсөткөндөй, эл аралык деңгээлге чыгып, “ал-Каиданы” да камтый баштаган.

Маалым болгондой, ноябрда Истамбулда болгон жардырууларда 70 чакты киши өлүп, 800дөн ашык адамдар жарадар болгон. Коопсуздук кызматтары анын себепкерлерин, террорчуларга жардам берген адамдарды аныктап, жардыруулардын артында “ал-Каида” турганын күбөлөгөн далилдерди тапты.

Бирок өлкө боюнча террордук актыларга каршы даярдык иш-чаралары токтотула элек. Коопсуздук мекемелери, элди дүрбөлөңгө салбоо үчүн, андай коопсуздук иштерин өз ичинде жүргүзүүдө. Бирок, кечээ күнү Истамбул шаарынын полисия башкармасынын ички колдонуудагы бир документи, капыстан калайыка маалым болуп калгандан кийин, аны шаардагы чоң курулуштардын коопсуздук кызматтарына электрондук почто аркылуу таркатып ийген бөлүмдүн башчысы кызматтан алынды. Бул тууралуу Истамбул полициясынын Басма сөз жана калайык менен байланыштар бөлүмү билдирүү жарыялап, электрондук почто аркылуу элге маалым болуп калган чалгындоо маалыматында “15- жана 20- ноябрь күндөрү болгон жардыруулар өңдүү террактылардын кайталануу мүмкүнчүлүгү тууралуу кеп болгондугун” моюнга алды.

ИРАКТАГЫ АБАЛ ДАЛЕ АРАСАТ...

Иракта согуштан бүлүнгөн инфраструктура акырындап ирденип келатат, шаар-кыштактарда дарылоо, билим берүү мекемелеринде иштер жандана баштады. Коопсуздук жагдайы да жакшырып баратат. Бирок америкалык аскери ири контингент Иракта дагы бир топ жыл кармалып калышы ыктымал. Мунун баары президент Жорж Буштун жакында конгресске жөнөткөн кезектеги отчетунда айтылат. Документтин айрым урунттуу учурлары америкалык басма сөздөрдө жарыяланды.

Конгресстин резолюциясына ылайык, ар бир эки айда президент Буштун администрациясы америкалык мыйзамгерлерге Ирактагы кырдаал тууралуу отчет берип турууга тийиш. Бул жолку докладда октябрдын жарымынан ноябрдын кап ортосуна чейинки абал камтылган. Ошондуктан документке Саддам Хусейндин кармалганы жөнүндөгү кабар кирбей калган.

Он алты беттен турган отчетту комментариялашып, америкалык бир катар гезиттер документтин баарыдан мурда Ирактагы операциялардын перспективасына арналган бөлүктөрүн бөлүп көрсөтүштү. Докладда америкалык ири аскери корпусту кармап туруу зарылдыгы бир нече жылга узарып кетиши ыктымал экени айтылат. Операциялар канчага созуларын жана алардын масштабдары кандай болорун азырынча анык айтуу мүмкүн эмес, деп белгиленет очетто. Иракта демократиялык түзүлүштү түптөп, аны бекемдөө иши мурда болжолдонгондон алда канча татаал болуп чыкканы да моюнга алынат. Ирак коомунун будун-бурку жагынан ар кошкон тайпалардан куралганы, исламдын ар түрдүү диний мазаптарын сап тутканы коопсуздукту, коомдук баракатчылыкты камсыз кылууда чоң проблемаларды пайда кылууда. Ал эми коалицияга каршылык көрсөткөн күчтөр улам тактикасын өзгөртүп, бүлүк-бүлгүн иштеринде алда канча айлакер ыкмаларды колдоно баштады. Оккупациялык режим менен кызматташкан ирактыктарга кыянат жасап,куралдуу кагылыштардын аймагын кеңейтип жатышат.

Аптанын башында эле америкалык аскерлер түндүктө күрт жана түркмөн студенттеринин ортосунда тутанган жаңжалды басканга катышты. Мунай борбору атыккан Киркук шаарын күрт лидерлери өздөрүнүн автономдуу районуна карайт деп жарыялаган соң бу жердеги кырдаалдын кылоосу кескин курчуп кетти.

Козголоңчулардын каршылыгын басуу максатында коалициянын күчтөрү кадимки согуш усулундагы операцияларды өткөргөнгө аргасыз болууда. Шейшембиден шаршембиге караган түнү америкалык согуш авиациясы Багдаддын түштүк-батыш ыптасындагы райондорго ракеталык-бомбалык жапырык жасады. Ургаалдуу уруш операциялары маалында козголоңчулардын айрым колбашчылары колго түштү. Америкалык командачылыктын өкүлү Уильям Адамсон Баакуба шаарында төрт адам кармалганын, алардын арасында Ирактын мурдагы чалгындоо кызматын жетектеген генерал бар экенин, баары азыр суракка алынып жаткандыгын кабарлады.

Акыркы кабарларда түндүктөгү Арбил шаарында өкмөттүк имараттын алдында дүрмөттөлгөн машина жарылып, бери дегенде төрт киши мерт кеткени, жыйырмадайы жарадар болгону айтылат. Ал эми Багдаддын түштүк бөлүгүндө алтүндө, жергиликтүү тургундардын айтымында, айыгышкан уруштар болуп өттү. Бирок америкалык командачылык бул маалыматты комментариялагандан баш тартты.

ЛИВИЯ ӨЗӨКТҮК КУРАЛДАН БАШ ТАРТУУДА

Нарын АЙЫП, Прага http://gdb.rferl.org/8801C204-3283-4758-BC6F-2CAEED1548C7_w203.gif 19-декабрда Ливия өзүнүн кеңири кыруучу курал чыгаруу программаларынан баш тарткандан кийин, 22-декабрда өзөктүк куралды жайылтпоо келишиминин кошумча протоколуна да кол койду. Эми Өзөктүк кубат боюнча эл аралык агенттик Ливияга өз инспекторлорун жибериши мүмкүн жана агенттиктин деректири Мохамед эл-Барадеи Ливияга жакын арада өзү текшерүү менен бара турганын билдирди.

Ливия жетекчиси Муамар Каддафинин айтымында, анын жашыра турган эч нерсеси жок жана текшерүүчүлөр качан келсе да, аларды кабыл алууга Ливия дайым даяр. Анткен менен Ливия жетекчилиги - 20 жылдан бери кеңири кыруучу курал өндүрүүгө аракеттенип келгенин да мойнуна алды жана андан баш тартканы тууралуу 19-декабрда кеңири жарыялады. Эксперттердин айтымында, АКШ, Британия жана Ливия ортосунда бул тууралуу жашыруун сүйлөшүүлөр 9 айга уланган жана Ливиянын коопсуздук кызматынын башчысы Муса Кусса андай сүйлөшүү жүргүзүү өтүнүчү менен өзү биринчи Улуу Британия премьер-министри Тони Блэрге кайрылган.

Өзөктүк курал боюнча Бириккен Улуттар инспекторлорунун мурдагы башчысы Ханс Бликстин айтымында, Каддафинин мындай чечимине Ирактагы согуш катуу таасир кылгандай:

- Менин оюмча, Ирактагы окуяларды көрүп, Каддафи бир топ корккон болуш керек. Иран же Түндүк Кореяга каршы Америка Кошмо Штаттары анчалык чара көрө албаса дагы, Ливиянын корко тургандай себеби болсо керек.

Башка эксперттердин айтымында, биринчиден, жыйырма жылдан ашык эл аралык чектөө алдында жашаган Ливиянын экономикасы дээрлик кыйрандыга учурады жана чет өлкөлүк инвестицияларды тартуу үчүн, Каддафинин башка айласы калган жок. Экинчи жагынан, өзүнүн кеңири кыргын салуучу курал өндүрүү программаларын токтотуу менен ал эми Израилдин да ошондой кылышын талап кылууга мүмкүнчүлүк алат. Израилдин өзөктүк куралы бар экени анык, бирок ал аны эч качан расмий түрдө тастыктаган эмес жана ал тууралуу эл аралык келишимдерге кошулбаган.

Ливия менен АКШ ортосундагы мамиле 1986-жылы бузулган. Берлин шаарындагы дискотекада жарылуу болуп, анда эки америкалык жаран курман болгондо, ал кездеги президент Роналд Рейган ал үчүн Ливияны күнөөлөп, 1986-жылы өлкөнүн борбору Триполи калаасын жана Бегази аттуу шаарды бомбалаган. Ошол эле жылы АКШ Ливияга каршы экономикалык чектөө жарыялаган, он жылдан кийин болсо - эгер кайсы бир европалык компания Ливия же Иран менен кызматташса, ал АКШ тарабынан жазаланат деген мыйзам кабыл алынган.

1988-жылдын 21-декабрында болсо Шотландиянын Локкерби шаарынын үстүндө америкалык учак жарылып, анын ичиндеги 259 адам жана учак кулап түшкөн жерде дагы 11 киши курман болгон. Батыш өлкөлөрү ал жардыруу үчүн дароо Ливиянын тыңчыларын күнөөлөп чыккан, Каддафи аны көпкө чейин четке кагып келген менен, кийин жардырууну уюштурган адамды кармап берген жана 2001-жылы ал соттолуп, өмүрүнүн аягына чейин абакта отурууга кесилген. Үстүбүздөгү жылдын сентябрында болсо Каддафи курман болгондордун туугандарына ар бир өлгөн адам үчүн 10 миллион доллар кун төлөп берүүгө макул болду.

Байкоочулардын айтымында, Батыш өлкөлөрү менен тирешпестен, алардын көңүлүн алуу керек экени тууралуу Каддафи алгач 1989-жылы НАТОнун учактары Сербияны бомбалаганда ойлоно баштаган. Жана, Ханс Бликс айткандай, Ирактагы согуш - АКШнын тилин албагандар эмне болоорун Ливияга даана көрсөттү. Азыр эксперттер - Ливиянын өзөктүк программаларына мурда ким жардам көрсөтүп келген деген маселени караштырууда. Жети жүз чакырым алыстыкка уча ала турган ракеталарды Ливия Түндүк Кореядан алышы мүмкүн, уранды байытуу технологиясы болсо Пакистандан келгени ыктымал.

ЕГИПЕТТИН ТЫШКЫ ИШТЕР МИНИСТРИ ИЕРУСАЛИМДЕГИ КОЛ САЛУУДАН КИЙИН МЕКЕНИНЕ КАЙТЫП КЕТТИ

Израиль полициясынын билдиришинче, Египеттин тышкы иштер министрине болгон кол салууга байланыштуу шейшембиде палестиналык 7 киши камакка алынды. Полициянын басма сөз өкүлү Жил Клейман кармалгандардын бардыгы тең Иерусалимден экенин белгилеп, башка маалымат берүүдөн азырынча баш тартты. Министр Махер болсо медициналык текшерүүдөн өткөндөн кийин үйүнө сапар тартты.

Египеттин тышкы иштер министри Ахмед Махер олуттуу жаракат албагандыгы менен, соңку инцидент Жакынкы Чыгыштагы тынчтык процесси канчалык кыйын экенин далилдейт. Эсиңиздерге сала кетейин, дүйшөмбүдө Израилдин расмий өкүлдөрү менен жолугушуусунан кийин, Махер мусулмандардын ыйык жайларынын бири – Иерусалимдеги ал-Акса мечитинде ислам радикалдары тарабынан аз жерден ур-токмокко алына жаздады. Күбөлөрдүн ырастоосунда, 20 чакты киши аны курчап алууга аракеттенип, “Чыккынчы!”, Саткынчы!” деп кыйкырып, министрди көздөй бут кийимдерин ыргытышкан. Белгилей кетели, аймактагы мусулмандар арасында кимдир бирөөгө бут кийим ыргытуу өтө чоң кемсинтүү болуп эсептелет. Ансыз да жүрөк оорусунан жабыркап жүргөн Махердин деми кыстыгып, аны сакчылары менен жөөт полициясы тез жардам менен ооруканага жеткиришти. Дарыгерлердин маалыматына ылайык, Махер атайын контролдон өткөндөн соң израилдик эки доктурдун коштоосунда мекенине кайтып кетти. Анын абалы дурус деп бааланууда.

Кол салгандар болсо Ислам боштондугу партиясынын мүчөлөрү болуп чыкты. Бул уюм өзүнүн консервативдүү диний көз-караштары менен айырмаланат. Палестин автономиясынын лидерлери окуяга байланыштуу нааразылыгын билдиришти.

Ахмед Махер өзүнүн бир күндүк визити маалында Израильдин бир топ жетекчилери менен жолугуп, чөлкөмдөгү кырдаалды жөнгө салуу маселесин талкуулады. Айтмакчы, бул экинчи интифада башталгандан көп узабай Каир өзүнүн Тель-Авивдеги элчисин чакыртып алгандан кийинки алгачкы мартабалуу визит.
Египет өкмөтү буга чейин да “Жол картасы” планын ишке ашырууда ортомчулук вазийпасын аткарып келген эле. Быйыл жайында палестин радикалдуу топторунун Израилге каршы соккуларын токтотууну караган келишимге дал Каирдин көмөгү менен жетишилген. Бирок ал келишим көпкө узабай, үзгүлтүккө учураган.

Жөөт дипломатиясынын башчысы Сильван Шалом менен сүйлөшүүдөн кийинки пресс-конференцияда Ахмед Махер мындай деди:

- Палестиналыктардын укуктарын таануу аркылуу араб дүйнөсү менен Израилди жараштыруу үчүн, Сирия менен Ливан проблемаларын чечүү үчүн жол картасын ишке ашыруу зарыл.

Ал эми жөөт премьер-министри Ариэль Шарон мисирлик министр менен кездешүүсү маалында палестиналыктардын согушкер фракциялары менен ок атышпоо жөнүндөгү макулдашууга барбай турганын белгиледи. Ошону менен бирге премьер, эгерде палестиналыктар ок атышууну токтотсо, анда Израиль да аларга каршы аскерий соккуу урудан баш тартат деп, консенсуска даяр экенин туюндурду.

Араб лидерлери арасында Израиль эми Ливиядан үлгү алып, өзүнүн өзөктүк долбоорун ачыкташы керек деген пикирлер көп айтыла баштады. Бирок өзүнүн жакшы ниетин билдирүү максатында, Махер расмий Тель-Авивдин өкүлдөрү менен жолгушууларында Израилдин өзөктүк программасы жөнүндө кеп козгогон жок. Газа тилкесинде курулуп жаткан дубал тууралуу да бир ооз сөз айтылган жок.

Дегеле бул визит Израилдин талаптарына ылайыкташтырылып даярдалган. Тель-Авив эгерде Египеттин чабарманы жөөт лидерлери менен жолугушам десе, анда Палестин автономиясынын жетекчиси Яссир Арафат менен кездешпөөгө тийиш деген шартын койгон эле.

ООНго БЫЙЫЛ ООР БОЛДУ

ООН үчүн быйыл өтө оор жыл болду. Өзгөчө Ирактагы согуш эл аралык эң жогорку инстанция аталган бул уюмдун беделин катуу түшүрдү. Марттын этегинде коопсуздук кеңешинин каяшасына карабай Кошмо Штаттары Иракка өз алдынча согуш жарыялап, Багдадга басып кирди. Августта болсо Иракта жанкечтилер ООНдун миссиясы жайгашкан имаратта бомба жардырып, жыйырма эки адамды, анын ичинде баш катчынын атайын чабарманын жайран кылышты.

ООНду өтө осол абалга койгон бул окуяларды,жалпы эле уюмдун бул жолку кризисин баш катчы Кофи Аннан өзү адамзат келип кептелген туюк жарга теңештирди. Сентябрдын башталышында Башкы ассамблеянын кезектеги жыйынын ачып жатып, дүйнөлүк жамаат алдында бир катар маселелерди кабыргасынан койду жана анын соңунан ООНду радикалдуу түрдө реформалоо планын жарыялады.

ООНду реформалоо кампаниясы деп аталган вашингтондук таасирдүү уюмдун аткаруучу директору Дон Краус эл аралык бул уюмга альтернатива жок деп эсептейт жана анын колунан көп нерсе келерине бекем ишенет. Өзгөчө жакырчылык, СПИД, коррупция өңдүү социалдык-экономикалык жана гуманитардык маанидеги проблемаларда ООНдун азык-түлүк программасы, балдар фондусу, бүткүлдүйнөлүк саламаттык сактоо уюму сыяктуу мекемелери орчундуу иштерди аткарып жатат. Мындан тышкары Косоводо, Ооганстанда жана Чыгыш Тимордо кайра куруу иштеринде бир топ тажрыйба топтоду.

ООНду аксатып жаткан негизги иштер деп Краус коопсуздук, демократия жана адам укуктары чөйрөсүндөгү проблемаларды атайт. Дүйнөдөгү авторитардык, диктатордук өкмөттөргө, массалык кыргын куралдарына ээ болгусу келип жаткан чогоол режимдерге ООНдун тиши да,тили да көп өтө бербейт. Буларга жаңы кылымдын башында терроризм проблемасы кошулду. Краустун көз карашында, улуту же мекени жок террорчуларга арка-жөлөк болуп, эркиндиктин жалпы таанылган принциптерин сактабаган өлкөлөр ООНго мүчө болууга тийиш эмес. Ал эми тынчтык жана коопсуздук проблемалары жалпы ассамблеянын карамагына берилсе, кооопсуздук кеңешинин туруктуу беш мүчөсүнүн вето салуу укугу жоюлса, Краустун ишениминде, уюмдун иши азыркыдан алда канча натыйжалуу жана өтөлгөлүү болор эле.

Эл аралык укук профессору, америкалык илимпоз Мичел Гленнон жалпысынан мындай ойлорду туура деп эсептейт. Бирок проблема алда канча тереңде жана ал ООНдун түзүлүш системасында деле жаткан жери жок. Кептин баары дүйнөлүк жамааттын өзүндө, б.а. адамзат азыр ар башка ишенимдерди эш тутат, бир эле маселеде ар башка принциптерди жана позицияларды карманат. Айрыкча Иракка келгенде трансатлантикалык альянс да эки жаатка бөлүнүп калды. Ошондуктан ООНдун келечеги, Гленнондун ишениминде, адамзаттын өзүн азыр олуттуу кырдаалга кептеп отурган глобалдык проблемалардын бирдиктүү чен-өлчөмдөрү менен түшүнүктөрү дүйнөдө түзүлөбү-жокпу, көп жагынан ушуга жараша болот.

Болгариянын ООНдогу элчиси Стефан Тафров коопсуздук кеңешинде Иракка байланыштуу кескин айрымалуу позициялар деле болбогондугун, иштин баары чечим кабыл алуунун ыкмаларына барып такалганын белгиледи. Коопсуздук кеңешинде трансатлантикалык союздаштардын эки жаатка ажырап кеткени жакшы иш болбоду, деп моюнга алды болгар элчиси. Мындай жаатташуунун арты трансатлантикалык альянска же Европа континентине гана эмес, жалпы дүйнөлүк жамаат үчүн эч качан пайдалуу болбойт. Андыктан Тафров коопсуздук кеңешинде баарыдан мурда чечим кабыл алуунун механизмдерин өзгөртүү зарыл дейт.

КЫРГЫЗ-ИРАН КЫЗМАТТАШТЫГЫ ЭМНЕ МЕНЕН ЧЕНЕЛЕТ?

Чолпон Орозобекова, Бишкек Кыргызстандын президенти Аскар Акаев баштаган делегация Иран Ислам Республикасында болуп кайтты. Сапардын жыйынтыгы тууралуу Тышкы иштер министри Аскар Айтматов жана Тышкы соода жана өнөр жай министри Садридин Жээнбеков шейшемби күнү маалымат жыйынын өткөрдү.

Иран менен Кыргызстандын ортосунда 7 документке кол коюлду. Тышкы иштер министри Аскар Айтматовдун айтымында Иран кыргыз тарап менен соода жана экономикалык алакаларды кайрадан күчтөндүрүүгө кызыкдар. Иран Кыргызстандын эгемендигин биринчилерден болуп тааныган өлкө. 1994-жылдан баштап экономикалык байланыш жанданган. Эки мамлекеттин ортосундагы соода жүгүртүүнүн өлчөмүн салыштырсак, 1996- жылы 16 млн. доллар болсо, 1999-жылы анын көлөмү 5 миллионго чейин кыскарып кеткен. Тышкы иштер министринин орун басары Жээнбек Кулубаевдин айтымында, буга Кыргызстандын Дүйнөлүк соода уюмуна кириши себеп болгон. Себеби, эки өлкөнүн ортосундагы 1996- жылы кол коюлган соода келишими Кыргызстан Дүйнөлүк соода уюмуна киргенден кийин иштебей калган.

Кыргызстан Ирандан самын, косметиканын түрлөрүн алат. Тышкы соода жана өнөр жай министри Садридин Жээнбековдун айтымында, жакынкы жылдарда кыргыз-иран Соода үйү ачылат жана дайыма жарманкелер уюштурулуп турмакчы. Соода үйү Иран тараптан келчү инвестициянын эсебинен бутуна турмакчы. Ошондой эле Иран өкмөтү жылыга 50 млн. долларга чейинки кредитти кыргыз өкмөтүнүн кепилдиги жок эле, ишканаларга тикелей берүүгө убадасын бериптир.

Сапар учурунда эки тарап кызыкдар товарлардын тизмелерин алмашты. Садридин Жээнбеков билдиргенге караганда, бул деген бара- бара зарыл товарларды арзандатылган баада жеңилдиктер менен ала баштайбыз деген кеп. Мисалы, Иран айрыкча Кыргызстандан эт продукцияларын алып турууга кызыкдар.

- Иран биздин курулуш материлдарыбызга кызыкдар. Ошондой эле энергетика тармагында кызматташууга даяр. Анан албетте, биздин жаңы союлган малдын эти Иранда жогорку баага татыктуу, - дейт Тышкы иштер министринин орун басары Жээнбек Кулубаев.

Сапар учурунда Ирактагы жана Ооганстандагы кырдаал да талкууланды. Тышкы иштер министри Аскар Айтматовдун пикири боюнча, Ирак кризисин чечүү жана Ооганстандагы абалды жөнгө салуу боюнча эки тараптын пикири бирдей.

ООГАНСТАН: ЛОЯ ЖЫРГА КОНСТИТУЦИЯНЫ КАБЫЛ АЛУУ АЛДЫНДА ТУРАТ

Кабулдан түшкөн соңку маалыматтарга караганда, оогандардын жалпы улуттук жыйыны – Лоя Жырганын делегаттарынын бысымдуу бөлүгү Ооганстан президенттик башкаруудагы өлкө болушун жактоодо. Алар өлкө Конституциясынын долбоорун талкуулоону аяктоо алдында турат, документ ушул апта ичинде добушка салынышы мүмкүн.

Лоя Жырганын иши 14 –декабрда башталган эле. Ага чогулган 500дөн ашуун делегат соңку күндөрү ооган Конституциясынын долбоорун он майда топко бөлүнүү менен беренелер боюнча талкуулашты. Анда айтылган ой –пикирлерди макулдашуу комиссиясы жалпылаштырган соң, документ добушка салынат. Конституция боюнча талаш –тартыштардын өзөгү - Ооганстандын болочоктогу башкаруу системасына байланышкан. Өлкөнүн азыркы лидери, пуштун Хамид Карзай жана анын жактоочулары Ооганстан президенттик башкаруудагы өлкө болушун көздөшүүдө. Атүгүл Хамид Карзай Лоя Жырга Конституцияда президенттик системаны бекитсе гана келерки жылы өтүүчү шайлоого катышаарын билдирген. Х.Карзайдын айтымында:

- Азыркы шарттарда Ооганстан жалгыз гана бийлик булагы бар өкмөткө муктаж.

Ооган Конституциясынын Лоя Жыргага сунушталган долбоорунда премьер- министрдин кызматы каралган эмес болчу. Өкмөттү беш жылга бир шайлануучу президент башкарат. Өз кезегинде президент эң көп дегенде эки мөөнөткө иштей алмак.
Бирок Лоя Жырганын делегаттары арасында Ооганстан парламенттик өлкө болушун каалагандар да жок эмес эле. Муну өзгөчө мурдагы президент, негизинен тажиктерден турган Түндүк Альянстын лидери Бурханиддин Раббанинин жактоочулары көздөөдө. Бул системаны жактап жаткандардын пикиринде, президенттин бийлигине тең салмактуулукту түзүш үчүн премьер- министрдин кызматы киргизилиши, жок дегенде парламенттин ыйгарым укуктары кеңейтилиши керек.
Вашингтондогу Карнеги фондунун эксперти Мартина Оттавейдин көз карашында, Конституциянын Лоя Жыргага сунуш кылынган долбооруна каршы болгондорду бир топтогулар деп айтыш кыйын:

- Мисалы бул жерде чын эле көбүрөөк демократиялык система орношун көздөгөн либералдык күчтөрдөн каршылык бар. Диндин ролу кеңейтилишин, ооган мыйзамдары шарияттын мыйзамдарына ылайыкташтырылышын көздөгөн исламчыл күчтөрдөн да сын айтылууда. Жыйынтыгында келип, Түндүк Альянстын кол башчыларынан каршылык бар. Алар, албетте, борбордон ажыратылган системаны, бийлиги өзүлөрү көзөмөлдөгөн провинцияларда таанылышын каалашат.

Айтор Кабулдан түшкөн соңку маалыматтарга караганда, Лоя Жырганын делегаттары арасында, азыр президенттик системаны жактагандар басымдуулук кылууда. Андыктан президент Хамид Карзайдын көздөгөнү орундалышы мүмкүн. Президент Карзайдын тарапкерлерине АКШнын жана БУУнун дипломаттары да колдоо көргөзүп жатат. Маселен кабарчылар билдиришкендей, АКШнын Ооганстандагы элчиси Залмай Халилзад Лоя Жырга өтүп жаткан жерге дээрлик күн сайын келүүдө. Ооганстан президенттик башкаруудагы өлкө болушун жактаган делегаттар негизги аргумент катары өлкө парламенттик башкарууга даяр эместигин, күчтүү саясий партиялар жоктугун, партиябыз дегендердин баары аскерий топтор экенин айтышууда.

Лоя Жырганын делегаты, Улуттук Биримдик Кыймылы деген жаңы партиянын лидерлеринин бири Абдул Хаким Нурзайдан билдиргенине караганда:

- Азыр чөлкөмдөрдүн баары кол башчылар тарабынан көзөмөлдөнүүдө. Бул эркин шайлоо өтүшүнө алып барбайт жана биз кол башчылардын парламентине ээ болобуз. Кол башчылардын таасирин жоюуп, ачык жана эркин шайлоого даярдык көрүш үчүн биз күчтүү президентке муктажбыз.

Баяндамачылар болсо Лоя Жырганын жыйынтыктоочу талкуулары жеңил-желпи өтпөсүн болжолдошууда. Үнүбүз угулбай калды деп эсептешкен тажик жана өзбек улутундагы айрым делегаттар жабыш эшик артындагы жыйындарды бойкоттошкон. Комитеттердеги талкууларда дин боюнча сунуштары эске алынбай калганына нааразы делегаттар да бар. Андыктан алар өз талаптарын Лоя Жырганын жыйынтыктоочу отурумунда кайрадан көтөрүшү мүмкүн.

ИРАКТЫК КҮРТТӨРДҮН ПЛАНЫ АНКАРАНЫ ОЙДОЛОТТУ

Hakim Ozgen, Izmir-Turkey Иракта этникалык негизде федерация түзүү жөнүндөгү Ирак күрттөрүнүн кийинки демилгеси Түркияда чоң кабатырланууну пайда кылып, басма сөз каражаттары күрттөрдүн бул аракети опурталдуу саясый окуяларга алып баруусу ыктымал экенине көңүл бурууда.

Өткөн жумада, Түндүк Ирактагы күрттөрдүн, тарыхта ар дайым бири бири менен эрегишип, атүгүл согушуп келген эки тобу: Күртистан демократиялуу партиясы менен Ирак күрттөрүнүн патриоттук бирдиги Багдаддан эгемен өкүмөт куруу жөнүндөгү пландарын жарыялашты. Ал эми топтун башчылары Жалал Талабани менен Масуд Барзани этностук негизде федерация түзүү жөнүндө Ирактын Убактылуу башкаруу кеңешине сунуш кийирди.

Түндүк Ирактагы күрттөрдүн федерация түзүү жөнүндөгү аракети, Киркук шаары боюнча коюп жаткан талабы жана бул пландын алкагында Барзани менен Талабанинин күчтөрүн биригүүсү Анкарада жана Киркуктагы түркмөн коомчулугунда чолуттуу кооптонууну пайда кылды. Түркиянын тышкы иштер министри Абдулла Гүл мыйзам чыгаруу жыйынында чыгып сүйлөп, Киркуктун демографиялык тутумун алмаштыруу далалаты аябай коркунучтуу натыйжаларга алып баруусу мүмкүн экенин айтты. "Иракта эч ким натуура кадам жасабаш керек. Ирактын территориялык жана саяасий бүтүндүгүн тообекелге салуучу кадам жасалса, бул -Иракта жаңы коркунучтуу жараян башталды дегенди түшүндүрөт”,- деп эскертти Абдулла Гүл.

Кырдаалды талкуулоо максатында Түркмөн фронтунун лидери Фарук Абдуллах Абдурахман Анкарада Түркиянын тышкы иштер министринин кеңешчисинин орунбасары, башелчи Али Туйган менен көрүштү. Киркуктун калкы негизинен түркмөндөрдөн турганын баяндаган Абдурахман күрт топторунун планы, ансыз деле Ирактагы катаал абалды ого бетер курчутарын белгилеп, түркмөндөр федерация куруу жөнүндөгү ирактык күрттөрдүн талаптарына макул болбой турганын билдирди.

Ирак түркмөн фронтунун мажлис мүчөсү, проф.- доктор. Екрем Памукчу Түркийанын улуттук сыналгысынан сүйлөп, дүйшөмбү күнү Киркук шаарында күрттөр уюштурган, ошондой эле Киркукту болочоктогу Күртистан федерациясынын тутумуна киргизүүнү талап кылган демонстрациядан кийин аймактагы абал оорлошуп калганын билдирди. Киркукта жашаган түркмөндөр өз укуктарын акырына чейин коргой тургандыгын айткан Памукчу эгерде Түркия тийиштүү чара көрбөсө, күрттөр 1959- жылдагы этникалык тазалоо аракетин кайталайт деп эскертти.

Түндүк Ирактагы окуяларга байланыштуу АКШнын Мамлекеттик департаментинин өкүлү Ричхард Баучер “ирактыктардын өз келечегин өз ара талкуулашып, бир бүтүмгө баруусун” АКШ колдоорун айтып, “ ирактыктардын өз өкүмөтүн куруп, өз тагдырын чечүүчү жарайан башталды” деди.

АКШнын Анкарадагы башелчиси Ерич Еделман болсо “Ирактын башкы мыйзамын даярдоонун жүрүшүндө, ар бир топ өзүнө колдон келишинче көбүрөөк укук алууга умтулат. Муну кадыресе көрүнүш катары баалашыбыз керек. Биз Ирактын территориалдык биримдигин жана борбор шаары Багдад бологон Иракты кайра түзүүнү колдойбуз,”- деп билдирди.

Еделман мындайча пикирин билдиргенине карабастан, Түркиядагы айрым аналитиктер жана Ирак түркмөн фронтунун ишмерлери Барзани менен Талабани АКШнын макулдугун албай туруп,этностук негизде федерация курууну талап кыла албайт эле деп жатышат.

Айрым гезиттерде “Күрттөр Саддам Хусейинди алда качан кармап алышкан эле. Алар АКШ менен федерация жөнүндө соодалашып, максатына жеткенден кийин аны наркотикалык зат менен маң кылып, Тикриттеги чуңкурга ыргытып ташташты” деген да ырастоолор жасалып жатат. Албетте, бул кабардын чын-төгүнүн такташ мүмкүн эмес. Бирок, Мамдепартаменттин өкүлү Ричард Баучер менен АКШнын Анкарадагы башелчиси Ерич Еделмандын айткан сөздөрүнө баа берген аналитиктер “АКШ күрттөрдү федерацияга түздөн-түз түрткүлөбөсө да, бери дегенде, окуяга көз жумуп коюп, күрттөргө дем берүүдө” деген пикирде.
Айрым маалыматтарга ылайык, ырасмий Анкара бул жөнүндөгү кабатырлануусун жакын арада Вашингтонго билдирет.

М.ХОДОРКОВСКИЙ ДАГЫ ҮЧ АЙГА АБАКТА КАЛАТ...

Төрөкул Дооров (Torokul Dorov), Москва Орусиядагы ЮКОС мунай компаниясынын буга чейинки жетекчиси Михаил Ходорковскийге тагылган айыптар боюнча тергөөнүн жүрүшүндө ал абакта олтурушу зарыл экендиги айтылган болучу. Бирок, аны абакта кармоо мөөнөтү, Москвадагы Басман райондук сотунун буга чейинки чечимине ылайык, 30-декабрга чейин уланат. Башкы прокуратура олигархты дагы үч айга эркиндикке чыгарбоо өтүнүчү менен кайрылган. Бул иш кийинки күндөрү өзгөчө талкууну жаратууда.

Акыркы эки күндөн бери Орусияда өзгөчө коомдук пикирди жараткан Ходорковскийдин дагы үч айга абакта калуу-калбашы туурасындагы маселеге чекит коюлду. Москвадагы Басман райондук сотунун 23-декабрь күнү чыгарган чечимине ылайык, Ходорковский дагы үч айга абакта кармалат. Бизнесмендин адвокаттары аны акыйкатсыз чечим деп табышты.
Ходорковскийдин адвокаты Карина Москаленко:

- Биздин оюбузда, бул чечим Ходорковскийдин укугун кемсинтет. Сот жараяны учурунда кандай мүнөздөгү катачылыктар кетирилгендигин жакшы билесиз. Биз аларды так көрсөтүп, сөзсүз түрдө менен тийиштүү жактарга даттанабыз.

Басман райондук сотунун маңдайында эки күндөн бери кудум чоң пикет өтүп жаткандай туюлду. ЮКОСтун 7800 кызматкерин, саясатчыларды, коомдук ишмерлер менен журналисттерди жана окумуштууларды ичине камтыган атайын топ Ходорковскийдин абактан чыгарылышын колдошту. Бирок, сот Башкы прокуратуранын өтүнүчүн орундатууну туура тапкан өңдүү.

Окуянын дал ушул багытта өнүгүүсүн көптөгөн байкоочулар Орусия келээрки жылы баштан өткөрүүчү негизги саясий окуя - президенттик шайлоо менен байланыштырышты.

Орусиялык эң бай адамдын саясий көз-караштары жана буга чейинки Мамдумадада өзгөчө көз карашы менен таанылган либералдуу партияларды каржылаганы, Башкы прокуратуранын билдирүүсүнө караганда, көңүлгө алынган эмес. Бирок орусиялык эле эмес, эларалык маалымат мейкиндигинде жана саясий чөйрөдөгү талкуу чатактын пайда болушуна Ходорковскийдин саясий ишмердүүлүгү себеп болгондугун көрсөтүүдө.

Бул ойду президент Владимир Путиндин Орусиянын ишкердик жана өндүрүш палатасынын жетекчилиги менен өткөн жолугушуусу да бышыктагандай болду. Анда буга чейин өткөн менчиктештирүүнүн кайра каралбай тургандыгы жана эң башкысы бизнесмен деген түшүнүк «олигарх» деген түшүнүктөн кандайча айырмалана тургандыгы аныкталды. Палатанын жетекчиси Примаковдун айтымында:

- «Олигарх» - бул жөн гана ишкер эмес. Олигарх деп түрдүү көз боемочулук менен чөнтөгүн толтурган, өзүнүн жакын кызматташтарына бут тосуп, партиялардын жана депутаттардын алкымын бузуп, алар аркылуу саясатка умтулгандарды айтабыз.

Өз кезегинде, Владимир Путин менчиктештирүү иши кайра каралбай тургандыгын жана мыйзам чегинен чыгууга аракеттенген адамдар жоопко тартыла турганын айтты.

Ходорковский, Басман сотунун буга чейинки чечимине ылайык, 30-декабрда абактан бошотулушу керек эле. Бул күн жакындаганда Башкы прокуратура айыпталуучуну дагы үч айга абактан чыгарбоо өтүнүчүн сотко жөнөткөн. Башкы прокуратура Ходорковскийге тагылган айып боюнча тийиштүү документтерди өз убагында өткөрбөгөндүктөн, дүйшөмбү күнү Москва убактысы боюнча саат 21:30 чейин уланган сот жараяны эч кандай жыйынтыкка келген жок болчу.

Шейшемби күнү Ходорковский иши менен бирге Москва шаардык сотунда «МЕНАТЕП» эларалык финансы тобунун кожоюну Платон Лебедевдин да иши каралды. Лебедев Ходорковский менен биргеликте «Апатит» акционердик коомунун 20%акциясын «көз боемочулук менен өздөрүнө өткөрүп алышкан» деп айыпталышууда. П.Лебедевди абакта кармоо мөөнөтү да 30-декабрда соңуна чыгышы керек эле. Жыйынтыгында, шаардык сот Платон Лебедевдин иши сотко толук өткөрүлүп берилмейин, ал абакта кармала тургандыгы тууралуу чечимин чыгарды.

Михаил Ходорковскийдин адвокаттары жумурияттын Башкы прокуратурасынын сотко жиберген сунушун такыр эле мыйзамга туура келбейт деп эсептешет.

Михаил Ходорковский үстүбүздөгү жылдын 25-октябрында Новосибирск шаарында кармалган. Орусиянын Башкы прокуратурасы олигархты «көз боемочулукка барып, ири суммадагы каражатты өзүнө өткөрүп алган», «салык төлөөдөн качкан» деген Кылмыш кодексинин 7 беренеси боюнча айыптоодо.

Ошентип, байкоочулардын боолгошуна караганда, Михаил Ходорковский да, Платон Лебедев да Орусияда президенттик шайлоо өткөндөн кийин гана абактан бошотулушу мүмкүн.

СОТ ЗОРАН ЖИНЖИЧТИ ӨЛТҮРҮҮГӨ КИМ БУЙРУК БЕРГЕНИН АНЫКТАЙБЫ?

Дүйшөмбүдө Белградда Сербиянын премьер-министри Зоран Жинжичтин өлүмү боюнча сот жараяны башталды. Арийне, күнөө тагылып жаткан 40тай кишинин арасында Жинжичти өлтүрүү жөнүндө буйрук бергендер жок. Мындан улам, байкоочулардын көбү бул процесс Сербиянын сот системасы үчүн олуттуу сынак болуп калат деген пикирде.

Сербиянын азыркы тарыхында кала турган кайгылуу окуя быйыл 12-мартта болгон эле. Дээрлик 50 жылга созулган коммунисттик башкаруу менен мурдагы Югославиянын авторитардык жетекчиси Слободан Милошевичтин доорунан кийинки Сербияны башкарган алгачкы демократ премьер Зоран Жинжич өкмөт имаратынын алдында атып өлтүрүлгөн. Сербияда дароо алты апталык мөөнөткө чукул кырдаал киргизилип, уюшкан кылмыштуулукка каршы чыныгы согуш башталган эле. Полиция кылмыш дүйнөсүнүн миңдей кишиси менен катар премьерди өлтүрүүгө тиешеси бар деп шектелген бир нече мурунку депутаттарды да камакка алган.

Сот Майя Ковачевичтин сөзү менен айтканда: “Бул сот Сербия үчүн кылым процесси болуп калат”.

Биринчилерден болуп прокурорлордун суроолоруна Жинжичтин өмүрүн кыйган окту чыгарган мерген Звездан Йованович жооп бермекчи. Ал кабинет башчыны өлтүрүүгө ыңгайлуу учурду күтүп, үч күн бою өкмөт имаратынын маңдайындагы бош үйдө жатканын жана ага чейин февраль айында бир нече жолу мындай аракет ишке ашпай калганын полицияга айткан эле.

Йованович Балкандагы согуш маалында Хорватия менен Боснияда аракеттенген сербдердин элиталык “Кызыл береттер” деген кошуунунун мүчөсү болчу. Тергөөчүлөр премьерге кол салуунун пландоочусу жана уюштуруучусу ошол кошуундун мурдагы жетекчиси Милорад Лукович болгонун аныкташты. Бирок ал, айып тагылган дагы бир топ киши менен катар, колго түшүрүлбөй, болжолдо ушу тапта Болгария же Боснияда жашырынып жүрөт.

Айрым жергиликтүү байкоочулар эмитеден эле азыркы жараян бир нече айга созулуп кетет ко деген пикирин айтышып, тергөөдөгү бир топ карама-каршылыктарды белгилешет. Алардын айтымында, соттун соңунда деле нечендеген суроолор такталбаган бойдон кала бериши ыктымал.

Алсак, Жинжичтин сакчысы Милан Веруовичтин ырастоосунда, кол салууга бир эмес, эки мерген катышып, эки башка жерден атышкан. Бирок полиция Веруовичтин көрсөтмөлөрүн уккан эмес.
Расмий өкүлдөр болсо кол салуу маалында жарадар болгон сакчы эмоцияга алдырып жиберген деп, анын сөздөрүн четке какты.

Белграддагы Кылмыш таануу институтунун директору Добровойе Радованович эгерде экинчи мергендин болгону аныкталса, бул соттун багытын түп-тамырынан өзгөртөт деген ойдо:

- Дагы бир киллер, башкача айтканда, премьерди аткан дагы бир киши болгону далилденсе, анда соттун жүрүшү радикалдуу түрдө өзгөрмөкчү. Анда бул факт полиция тарабынан эмне үчүн катталган эмес, бул - тергөөнүн калпыстыгыбы деген? суроо да туулат.

Тергөө, ошондой эле, “Жинжичти өлтүрүүгө ким буйрук берген?” деген негизги суроого жооп тапкан жок.

Расмий бийлик премьердин киши колдуу болушунун себептерин саясий мүдөө менен байланыштырып келген эле. Кол салуудан кийин Сербиянын вице-премьери Небойся Кович мындай деген:

- Бул кылмыш - жылдар бою Сербиянын өнүгүүсүнө, өлкөдөгү демократияга каршы болуп келген күчтөр тарабынан тарыхтын нугун өзгөртүүнү, Сербияны кайрадан кылмыштуулук империясына айлантууну көздөп жасалган аракет.

Бирок тергөө иши аяктагандан кийин премьерди жок кылуунун башка бир себеби болушу мүмкүн деген жоромол пайда болду. Атап айтканда, Жинжич жогоруда сөз болгон “Кызыл береттерди” да акыр-аягында жоопко тартат деген чочулоодон улам, кошуундун төбөлдөрү премьерди атып салууга чейин барышты. Белгилей кетүүчү жагдай, маркум премьер 2001-жылы Милошевичти бийликтен кетиргенде кошуундун айрым мүчөлөрүн пайдаланган деген айың кептер да айтылып келчү.

Криминолог Радованович Жинжичке кол салуунун чыныгы себептери аныкталса, анын арты серб саясаты үчүн маанилүү болот деген ойун ортого салып, тергөөнүн айрым кемчиликтерин белгилейт:

- Бир адамды өлтүрүү үчүн 40тан ашуун кишинин айыпталып жатышы - полиция менен сот системасынын жакшы иштеп жаткандыгынын белгиси деп айтуу кыйын. Анын үстүнө кылмыштын демилгечилери кармалган жок.

Соттун башталышы азыркы премьер Зоран Живкович башынан кыйын кезеңди кечирип жаткан маалга туш келди. Кабинеттеги ырксыздык, коррупция үчүн айыптоолор эрте парламенттик шайлоого алып келди. Акыркы сурамжылоолорго караганда, келээрки жекшемби күнкү добуш берүүдө ашкере улутчулдардын Радикалдуу партиясынын жеңишке ээ болушу ажеп эмес.

АКШ БИЙЛИКТЕРИ ӨЛКӨДӨ ЖАҢЫ ТЕРРОРДУК ЧАБУУЛ БОЛУШУ МҮМКҮН ЭКЕНИН ЭСКЕРТТИ

Америкалык аскерлер, Саддам кармалгандан кийин, ирактык козголоңчуларга каршы күрөштү күчөттү. Апта соңундагы рейд учурунда 120дан көп адаватчы камакка алынды. АКШнын аскерий жетекчилигин билдиришинче, кармалгандардын арасында антиамерикалык козголоңчу топтордун башчылары да бар. Кошмо Штаттарынын өзүндө болсо, террордук чабуулдар болот деген коркунучтан улам, жекшемби күнү шашылыш коопсуздук чаралары көрүлдү.

АКШлык аскерлердин маалымдашынча, Ирактын ортолук аймактарындагы антиамерикалык күчтөргө олуттуу сокку урулду. Ишемби-жума күндөрү Сириянын чек арасына танапташ Рауа шаарчасында үймө-үй өткөрүлгөн тинтүү учурунда, ошондой эле Анбар провинциясынын Фаллужа жана Рамади шаарларындагы рейд маалында 130га жакын козголоңчу, көптөгөн Калашников автоматы, грана аткычтар жана миналар колго түшүрүлдү. Алардын ичинде козголоңчу топтордун башчылары да бар. “Саддам колго түшүрүлгөндө топтолгон маалымат, мурдакы режимдин каршылык көрсөтүү структурасын жакшы түшүнгөнгө мүмкүндүк берди”, - деп билдирди жекшемби күнү АКШнын куралдуу күчтөрүнүн биргелешкен штабынын акими, генерал Ричард Майерс.

Рауа шаарчасында камакка алынган адамдар тууралуу АКШ армиясынын лейтененты Кайвеннаар мына буларды билдирди:

- Жанагы биз кармаган адамдар можахеддиндер же ирактыктар менен коалициялык күчтөргө кол салууга аракеттенген чет элдик согушчандарды акча жана каруу - жарак менен камсыздоого жооптуу адамдар.

Ал эми Кошмо Штаттарында болсо 2001-жылдын 11-сентябрындагыдай террордук кол салуулар кайталанышы ыктымал деген кооптонууга байланыштуу коопсуздук чаралары күчөтүлдү.

Өлкөнүн ички коопсуздук башкармасынын башчысы Том Риж жекшемби күнү
Вашингтондо өлкөнүн коопсуздугуна олуттуу коркунуч бар экенин эскертти:

- Биздеги маалыматтарга караганда тыш өлкөлөрдөгү экстремисттер жакынкы мезгилде чабуул жасаганга кам көрүп жатышат. Алар бул чабуул эки жыл илгери Нью-Йоркто, Пентагондо жана Пенсилваниянын жанында болгонго тете же андан да ашып түшөт деген ишемде.

2001-жылдын 11-сентябрында Нью-Йорктогу Дүйнөлүк соода борборунун кош мунарасы менен АКШнын коргоо министрлиги жайгашкан Пентагондун имаратын террорчу-жанкечтилер учактар менен келип сүзгөндө 3000 чукул адамдын өмүрү кыйылган.

Риж эскерткенге караганда, террорчулар 24-декабрда - Кристмас же Иса пайгамбардын туулган күнү белгиленип жатканда, жөөттөрдүн 7 күнгө созулган Ханукка майрамы кезинде жана 2004-жыл эми кирген күндөрү чабуул жасашы ыктымал. Аталган майрамдар Америкада кышкы дем алуу мезгили менен коштолот.

Террордук коркунучка байланыштуу жекшемби күнү АКШ боюнча “сары түстөгү” күжүрмөн даярдык абалы жарыяланды. Бул кол салуу сөзсүз болот деген эң жогорку күжүрмөн даярдыктан бир тепкич төмөнкү абал.

Май айында Сауд Арабиясы менен Мароккодогу чет элдиктер жашаган турак- жай комплекси бомба чабуулуна алынганда “сары түстөгү” сактык абалы акыркы ирет жарыяланган.

Мындай катаал чара өткөн жылдын март айынан бери бешинчи жолу кабыл алынды жана улуттук аэропорттор, маанилүү деңиз портторун күзөтүү күчөтүлдү.
Нью-Йоркто шаардын маанилүү бөлүктөрүн күзөткөн полицайлардын саны көбөйтүлдү.

Чикагонун жетекчилиги майрам күндөрү шаардын үстүнөн учактардын учуусуна тыйуу салууну өтүнүштү.

АКШнын Аба жолдор ассоциациясынын башчысы Дэвид Стэмплердин сөзүнө караганда, чукул чара абалы киргизилсе да, авиакаттамдар токтотулбай өз ырааты менен уча берет.

Президент Буштун администрациясы 11-сентябрь кыйраканынан кийин өлкө ичиндеги коопсуздукту камсыздоо боюнча бир катар иш чараларын аткарып, атайын департамент түзгөн. Анткен менен, демократтар өкмөт Кошмо Штаттарынын коопсуздугун камсыздоо үчүн жетерлик кам жебеди деп эсептешет.

“Өлкө ичиндеги коопсуздук талап кылынгандан төмөн абалда”, - деди президенттикке Демократтар партиясынын талапкер болууга үмүтү бар Миссурилик конгрессмен Дик Гепхард жекшемби күнү “Фокс” телеканалына берген интервьюда.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG