Линктер

бейшемби, 18-июль, 2019 Бишкек убактысы 07:18

Саясат

ИРАН: ИРЕГЕДЕ САЯСИЙ КРИЗИС

Иранда межилис менен ислам революциясынын көзөмөл кеңешинин ортосундагы тиреш саясий кризиске айланганы калды. Көзөмөлчүлөр кеңеши жалпы эсепте эки миңден үч миңге чукул талапкерди келерки айдагы парламенттик шайлоого катышуу укугунан ажыраткан эле. Бул чечимге нааразылык билдирип, межилистин токсондон ашуун мүчөсү үч күндөн бери залда отуруп алып, иш таштоо акциясын өткөрүп жатышат. Ирандын диний жогорку лидери аятолла Али Хаменеи иштин баары мыйзам жолунда чечилиши керектигин белгиледи.

Ислам революциясынын көзөмөл кеңеши шайланма орган эмес, анын он эки мүчөсүн өлкөнүн жогорку диний лидери аятолла Али Хаменеи өзү дайындайт. Кеңештин теңи диний уламалардан,теңи ислам мыйзамдары боюнча адистерден тандалат. Аларга негизинен парламентке аталык кылуу – межилистин чечимдерине көзөмөл жүргүзүү милдети табышталган. Иш жүзүндө кеңеш саясий турмушту контролдоо боюнча чексиз укуктарга ээ болгон.

Мурдагы парламенттик шайлоодо реформачыл маанайдагы күчтөр межилистеги көпчүлүк орундарды жеңип алган эле. Иран коомчулугунда алар ушу тапта да кеңири колдоого ээ, андыктан эмдиги айдагы шайлоодо межилис кайрадан реформачылардын колуна өтөрү шексиз болчу. Көзөмөлчүлөр кеңеши өз чечими менен жер-жерлерден депутаттыкка талапкер болуп катталган 1700дөй адамдын кандидаттыгын алып салды, дагы бир жарым миңдей кишиге шайлоого талапкер болуп катышканга тыюу салды. Болгондо да муну ачык-айрым түрдө эмес, негизинен жең ичинен, коомчулукка кеңири жарыя кылбай, тымызын жасады. Көзөмөл кеңешинин мындай жоругун айрым депутаттар бейаскери усулдагы мамлекеттик төңкөрүш тариздеги кадам катары баалашты. Президент Мохаммад Хатами жетектеген реформачылар Лигасынын билдирүүсүндө консерваторлор Ирандын душмандары тутунган жолго түшүп,өлкөнү дүйнө жүзүнө зулум режим кылып көрсөткөнгө аракеттенип жатканы айтылды.

Көзөмөл кеңешинин чечимин межилистин төрагасы, отузга чукул аймак башчылары айыптап чыгышты. Эгер кеңеш өз бүтүмүн өзгөртпөсө, алар кызматтан кетишерин эскертишти. Вице-президент Мохаммад Сатарифар да азыркы кризис өкмөттүн отставкасына алып келерин, анткени өз калкынын эркин добуш берүү укугун камсыз кыла албаган кабинет бийликте кала албай тургандыгын белгиледи. Өлкөнүн ички иштер министрлиги көзөмөлчүлөрдүн чечимин аткарууга алгандан баш тартты.

Ирандын жогорку диний лидери аятолла Али Хаменеи пикир келишпестиктердин баары мыйзам жолунда чечилиши керектигин эскертти. Аятолла эгер мыйзамда каралган мүмкүндүктөрдүн баары түгөнсө, ошондо гана жаңжалды өзү чечкенге аргасыз болорун кошумчалады.

Айрым кабарларга караганда, президент Хатами жана межилистин раиси Мехди Карруби көзөмөл кеңешинин мүчөлөрү менен бир нече курдай сүйлөшүүлөрдү өткөрүштү.Бирок консерваторлор өз позициясынан кайта турган түрү жок дешет.Буга байланыштуу реформаторлор кокус бул тирештин арты өлкөдө кезектеги саясий кризиске айланып, массалык нааразылыктарды пайда кылса, бардык жоопкерчилик көзөмөл кеңешине жүктөлө тургандыгын эскертишти.

МУРДАКЫ ФИНАНСЫ МИНИСТРИ ПОЛ О'НЕЙЛДИН СӨЗҮНӨН ЫРБАГАН ЧАТАК

Кошмо Штаттарынын мурдакы финансы министри Пол О'Нейл Си-би-ес телеканалынан жекшемби күнү көрсөтүлгөн интервьюда президент Жорж Бушту Иракка кол салууга мурдатан, тагыраак айтканда 2001-жылдын 11-сентябрына чейин эле ынтаа кылып жүргөн деп күнөөлөдү. Телемаек учурунда "жашыруун" деген грифи бар документтер да көрсөтүлгөндүктөн, Ак Үй купуя сакталчу иш кагаздарынын ачыкка чыгып кетүү себебин иликтөөнү буйруду.

АКШнын мурдакы финансы министри Пол О'Нейлдин Си-би-ес телеканалынын "60 мүнөт" деп аталган программасынан жекшемби күнү көрсөтүлгөн интервьюсу Ак Үйдү атайын билдирүү жасоого мажбурлап, алтурсун кызмат иликтөөсүнү баштоого түрткү берди.

2002-жылдын декабрында президент Жорж Буш кызматтан бошоткон О'Нейл интервьюда, ал эки жылга жакын өкмөттө иштеген кезде, Ирактын массалык кыргын салчу куралдары бар экенин далилдеген документтерди көрбөгөнүн айткан эле.

Интервью О'Нейлдин "Сый мамиленин баасы" деген китебинин басмадан чыгышына байланыштуу көрсөтүлгөн.
Китепти экс-министрге жазып берген журналист Рон Сускинд да "60 мүнөт" программасына чакырылган болчу. Анын "китепти жазууда О'Нейл берген миңдеген кызмат документтери пайдаланылды" деген сөзү жана телеберүүдө "жашыруун" деген грифи бар документтердин көрсөтүлгөнү Ак Үйдү жөн калтырбады.

Дүйшөмбү күнү Буштун администрациясы Финансы министрлигинин Башкы инспекциясына купуя сырларды камтыган документтердин ачыкка чыгып кетүү себебин териштирүү жөнүндө тапшырма берди.

"60 мүнөт" программасынын өкүлү айтканга караганда, телеберүүдө "жашыруун" деген жазуусу бар папкелердин сырты гана көрсөтүлүп, алар мамлекеттик сырды сактаган эч кандай документтерди пайланышкан да, окушкан да эмес.

О'Нейл өз китебинде Жорж Буш Ирактын мурдакы президенти Саддам Хусейнди бийликтен кетирүүнүн амалын 2001-жылдын 11-сентябрына чейин эле мерчемдеп жүргөн деп ырастайт. Буштун министрлер кабинетинин жыйыны учурундагы жүрүм-туруму, экс-министрдин жазышынча, "бөлмө толо дүлөй адамдар арасындагы сокурга" окшоп кетет.

Мексикада сапарда жүргөн президент Буш дүйшөмбү күнкү пресс-конференцияда, О'Нейл анын ысмына айткан сынды кыя өтүп, өзү баштаган өкмөттүн Ирак боюнча жүргүзгөн саясаты тууралуу мындай деди:

- Менин администрациямдын Саддам Хусейнге карата жүргүзгөн саясаты өтө ачык болду. Биз мурдакы администрация сыяктуу (Ирактагы) режимди алмаштырууну көздөдүк.

Буш ошондой эле О'Нейлге өлкөдө экономикалык өсүү басаңдап турган жана 11-сентябрдагы террордук чабуулдар болгон катаал 2 жылдагы кызматы үчүн алкыш айтты.

Маалымат агенттиктери О'Нейлдин китебин демократ-талапкерлер президенттик өнөктүк маалында Бушка каршы колдонушат деп боолгошот.

АКШнын Мамлекеттик департаменти О'Нейлдин китебиндеги сын пикирлерге шейшемби күнү жооп кайтарды. Мамдепартаменттин өкүлү Адам Эрели Иракка кол салуунун зарылдыгын мындай деп негиздеди:

- Саддам Хусейнге, эл аралык милдеттенмелерин жана Улуттар Уюмунун Коопсуздук кецешинин резолюциясынын талаптарын аткарууга, бардык мүмкүндүк берилди. Бул резолюцияларды ал так аткарыш керек болчу. Ал андан баш тартты. Президент Буш, Мамлекеттик секретарь Пауэлл жана биздин коалиция боюнча өнөктөштөрүбүз күч колдонгондон мурда маселени тынчтык жолу менен чечүү үчүн мүмкүн болгон ар бир кадамды жасап көрүштү.

Дүйшөмбү күнү Ак Үйдүн өкүлү Скот МакКлелан: "О’Нейл - биз эмнеге жетишкенибизге көңүл бурбастан, өзүнүн көз карашын жана пикирин актоого аракет кылган сыяктанат", - деп билдирген.

Мурдакы элчи Жозеф Уилсон өткөн жылы Жорж Буштун администрациясын Иракка басып кирүүгө каршы пикир айткан адамдардан өч алууда деп сындаган. Уилсон "Ак Үйдү сындаганым үчүн, аялымдын Борбордук чалгындоо кызматынын агенти экени ашкере кылынып, анын өмүрүнө коркунуч туулду" деп, бийлик адамдарыны күнөөлөгөн.

ГРУЗИЯ: АБАШИДЗЕНИН КӨЧӨСҮНДӨ КАЙРАДАН МАЙРАМ БОЛОБУ?

Шейшекан Жаналиева, Прага шаары Грузиядагы саясий окуяларда айрыкча рол ойноп жаткандардын бири – расмий Тбилисиге моюн сунгусу келбеген Аслан Абашидзе. Ажария автономиялык аймагынын жетекчисинин бейнеси тууралуу азыноолак сөз кылалы.

Аслан Абашидзе – алтымыш бештеги саясатчы. Анын жашын айтканда эле, бул саясатчы алчы-таасын жеген, совет доорунда да башкаруу жаатында кыйла тажрыйба топтой алган “карт бөрү” экенин боолголой аласыз.

Чынында да, Ажария автономиялык жумуриятынын башчысы Совет учурунда да, ал кулагандан кийин да башкаруунун толгон-токой ыкмасын үйрөнгөн ишмер. Беш миллиондуу калкы бар Грузиянын бир бучкагын түзгөн жана Түркия менен чектешкен Ажарияда ушул тапта 400 миңдей киши байырлайт. Ажария калкынын тили – грузин тилинин бир диалектин түзөт. Грузиндерден айырмаланып, ажарлардын бир тобу ислам динин тутат.

1992-жылы Ажариянын азыркы башчысы Аслан Абашидзе жергиликтүү кеңешти таркатып, ошондон бери аймакты кой дээр кожосу, ай дээр ажосу дээрлик жоктой бийлеп келет. Ал таянган уюм – Грузиянын Демократиялык Кайра Жаралуу Биримдиги – аймактын негизги партиясы.

Батышчыл саясатчы, 35 жашар Михаил Саакашвилинин жакында Грузиянын президенти болуп шайланышын Абашидзе мырза жеке өзү үчүн утулуш катары баалап жатат. Былтыр ноябр айында, Эдуард Шеварднадзени кызматтан кетирүү аракеттери күчөгөн чакта, Абашидзе жиберген күчтөр Тбилисиде Э.Шеварднадзени колдогон демонстрация уюштурушкан, бирок алардын чыгуусу Шеварднадзени сактап кала алган эмес.

А.Абашидзе быйылкы президенттик эрте шайлоону бойкот кылууга аракет кылды, бирок ошондо да Ажариянын шайлоочуларынын чейреги Михаил Саакашвилини колдоп чыкты. Эми март айына белгиленген парламенттик шайлоо Ажарияда кандай өтөөр экен? Жыйынтыгы жокко чыгарылган былтыркы ноябрдагы шайлоого ажариялыктардын 96 пайыз шайлоочусу катышып, алардын 95 пайызы Абашидзенин партиясы үчүн добуш берди деп көрсөтүлгөн. Эгерде быйыл да былтыркыдай бурмалоолор болчу болсо, анда Ажариядагы парламенттик шайлоонун жыйынтыгы жокко чыгарылаарын расмий Тбилиси алдын-ала эскертти.

Деги, Абашидзе авторитардык саясатчы катары өзүнүн акыркы кезеңин баштан кечирип жатабы, же Грузиядагы эски түзүлүштү жактаган ал өңдөнгөн башкаруучулар капысынан реванш алаар бекен, азырынча так кесе айтуу кыйын.

ЧЕЧЕНСТАНДА ТЫНЧТЫК ОРНОЙ ЭЛЕК

Төрөкул Дооров (Torokul Dorov), Москва. Расмий Орусия чечен проблемасын саясий жолдор менен чечүү максатында былтыркы жылы бир катар аракеттерди көрдү. Чеченстанда республиканын Конституциясын кабыл алуу боюнча референдум өтүп, күзүндө анын президенти катарында Ахмад Кадыров тандалды. Натыйжада, Чеченстан толугу менен Орусиянын курамында кала тургандыгы аныкталды. Бирок, акыркы күндөрдө чечен жеринде жана коңшулаш республикаларда орун алып жаткан айрым окуялар абалдын дале оор экендигинен кабар берет деп эсептешет орусиялык байкоочулар.

Дүйшөмбү күнү Москва райондук соту 1999-жылы турак үйлөрдү жардырууга катышкан Адам Деккушев менен Юсуф Крымшамхаловду өмүр бою абакка кескен өкүмүн чыгарды.

Орусияда прокуратура күнү белгиленип жаткан учурда акыркы жылдардын эң ири теракттарынын бири катары аталган бул кылмыш ишине тиешелүү жаңылык, көптөгөн байкоочулардын айтымдарында, кылмыш ишинин бетин ачууда олуттуу ийгилик жетишилгенин айгинелей албайт.

Алардын оюнча, бул сот ишин прокуратура жардыруулардан жапа тарткандарга белек катарында же жаңы жардырууларды даярдап жаткандарга сабак болсун деген ниетте козгогон. Жардыруулар Вологодск жана Москва шаарларында болуп, алардан 240 адам көз жумган, ал эми миңден ашуусу жаракат алышкан. Москвадагы жардыруулар учурунда жакындарынан айрылышкандар шаардык соттун чечимин акыйкат чыгарылды деп эсептешет.

Соттун чечимине ылайык, айыпталуучулар жапа таркандарга 5млн. рублга жакын акча төлөп берүүлөрү керек. Жапа тарткандардын адвокаты Игорь Трунов жоготулган мүлктү кайтаруу боюнча соттун бул чечимин туура эмес деп ойлойт.

- Биз бул чечимди мыйзамсыз деп ойлойбуз, анткени бул терроризм боюнча мыйзамга каршы келет. Анын үстүнө түрмөдө өмүр бою кала турган адамдан кантип акча талап кылса болот? Ошондуктан, соттун бул иши жапа тарткандарга эч кандай реалдуу жардам көрсөтө албайт деп ойлойм.

Өз кезегинде айыпталуучулардын өздөрү да, алардын адвокаттары да сот чечимин акыйкатсыз болду деп эсептешет.

Негизи, Чеченстанда президенттик шайлоолордон кийинки жалпы кырдаал эл турмушунда олуттуу өзгөрүүлөрдүн болбогондугун көрсөтүп жаткандай. Акыркы үч эле күндүн ичинде жоочулардын бир канча тобу кармалып, федералдык күчтөр менен аткылашуулар болуп жаткандыгы тууралуу кабарлар байма-бай берилип турду. Аскерий жааттагы эксперттердин бири Юрий Казенновдун оюнда, мунун баары чечен элинин турмушуна эч кандай таасир тийгизген жок:

- Азырынча Чеченстандагы кырдаалдын сапатында олуттуу өзгөрүүлөр боло элек. Чечен жериндеги жагдайга оң же терс деп баа берүү кыйын. Чечен эли буга чейин кандай жашаса, ошондой эле абалда күн көрүп келет. Быйыл Чеченстанга бир канча жолу мамлекеттик казынадан жана чет элдик инвесторлордон ири суммадагы каражат түшөт. Менимче, республиканын тынч жашоого даяр же даяр эместиги ошол каражаттын кандай пайдаланышында турат.

Эки күндөн кийин Чеченстан президенти Ахмад Кадыров Сауд Аравиясына барышы күтүлүүдө. Чеченстан республикасынын Москвадагы өкүлчүлүгүнүн кызматкери Эди Исаевдин айтымында, Кадыров Сауд Аравиясынын жетекчилиги жана ишкерлери менен сүйлөшүүлөрдү өткөрүп, эки тараптуу кызматташуунун багытын аныктамакчы.

ИРАН САЯСЫЙ КРИЗИСТЕН КАНТИП ЧЫГАТ?

Ирандын Коргоочулар кеңеши тогуз жүзгө жакын либералдуу көз караштагы талапкерди февраль айында болчу парламенттик шайлоого катыштырбоо жөнүндө чечим чыгарды. Алардын ичинде парламенттин реформачыл президент Мохаммад Хатаминин саясатын колдогон 80ден ашуун мүчөсү да бар. Мыйзамгерлердин бири ислам консерваторлорунун чечимин “кансыз төңкөрүш” деп атады.

Ирандын президенти Мохаммад Хатами жекшемби күнкү өкмөттүк жыйындан кийин, Коргоочулар кеңешинин чечимине байланыштуу жасаган билдирүүсүндө “Мамлекет үчүн узак жылдар бою кызмат кылган көрүнүктүү инсандарды жаратпай коюу, акылга сыйбаган иш. Мен мындай чечимге каршымын. Ага каршы мыйзамдуу жолдор менен күрөшөбүз”,- деп эскертти.

Ирандын башкөсөмү тарабынан дайындалган Коргоочулар кеңеши февраль айында болчу парламенттик шайлоодон 900дөй талапкер четтетилсин деген бүтүм чыгарган. Алардын ичинде, реформачыл президент Мохаммад Хатамиге союздаш 80ден көп парламентарий да бар.
Кеңеш бул чечимин качан бекиткени белгисиз.

Шайлоого, кеңештин чечимине ылайык, парламенттин төрагасынын эки орун басары да катыша албайт. Алардын бири президент Хатаминин иниси Мохаммад Реза Хатами, экинчиси Бекзад Набави. Кенже Хатами өлкөдөгү реформачыл ири партия – Ислам Иран катышуу майданынын төрагасы.
Аялдардын укугу үчүн күрөшкөн мыйзамчы-депуттар Фатема Хакикатжу айым менен Елахе Кулайе айым да шайлоодон четтетилген талапкерлердин тизмесинде.

Иран парламентинин Улуттук коопсуздук жана тышкы саясат комитетинин башчысы Моусен Мирдамади Коргоочулар кеңешинин чечимин “кансыз төңкөрүш” деп атады. “Эскичил консерваторлор жоон топ талапкерлерди жаратпастан, келерки парламентти жеке бийлейбиз деп ойлошот. Бул шайлоо болбойт. Себеби, жаңы парламент эскичилер тарабынан дайындалат”,- деди мыйзамчы-депутат. Мирдамадинин сөзүнө караганда, Коргоочулар кеңеши аны, кенже Хатамини жана Набавини “Ирандын башкөсөмү аятолла Али Хаменейинин чексиз бийлик укугуна каршы турушканы үчүн шайлоого катыштырбоону” оң тапкан.

Ройтер агенттиги билдиргендей, бир нече күн мурда Коргоочулар кеңеши аятолла Хоменейинин абсолюттук бийлигине каршы адамдар парламенттик шайлоого катыштырылбай турганын кулак какты кылган эле.

Эскичил динаятчылар “Хаменейи мыйзамдан улуу адам, ал Кудай алдында гана жооп берет” дешип, бул бүтүмүн өлкөгө тымызын да, ачык да таңуулап келет.

Реформачылдардын лидерлери “эгерде либералдуу талапкерлер 20-февралдагы шайлоого катыштырылбаса, өз тарапкерлерибизди добуш берүүгө чыкпоого чакырабыз” дешип эскертишүүдө.

Консервативдүү жана өтө таасирлүү Ислам биримдиги коалициясынын жетекчилеринин бири Хамид Реза Тараги: “Коргоочу кеңеште шайлоодон четтетилчү адамдардын күнөөсүн ырастаган жетерлик далилдер бар. Алар зарыл көрсө, өзүнүн актыгын сот алдында далилдеп беришсе, шайлоого катыша алат”,- деп билдирди.

Иранда, адатта, парламентке талапкерлердин тизмесин адегенде жергиликтүү, андан соң өлкөнүн Коргоочулар кеңеши бекитет.

Байкоочулар Иран өкмөтүнүн өкүлү Абдулла Рамезанзаденин “Өкмөт ар кандай кеңеш таңуулаган мыйзамсыз чечимдерди карабайт” деген сөзүнө өзгөчө көңүл бурушууда. Бул сөз реформачылар контролдогон Ички иштер министрлиги Коргоочулар кеңешинин чечимин көзгө илбестен, анын “кара тизмесиндеги” адамдарды шайлоо бюллетендерине киргизип койсо болот дегенди түшүндүрөт.

Консерваторлор 2000-жылкы шайлоодо мандаттардын үчтөн бирине ээ болушуп, 1979-жылкы Ислам революциясынан бери биринчи жолу парламентте үстөмдүк кылбай калган. Ошон үчүн, консерваторлорго 20-февралдагы шайлоо өтө маанилүү.

Ирандык талдоочу Саед Лейлаздын айтымында, консерваторлор бекер жерден активдешип жаткан жок. “Иран акыркы кезде тышкы саясатта чоң ийгиликтерге жетишип, тышкы кысым азайды. Мунайдын баасы асмандап, андан экономика утууда. Натыйжада, солчулдардын эл арасындагы популярдуулугу өсүүдө. Эгерде консерваторлор оболу парламентти, ал эми 2005-жылы президенттик бийликти колго алышса, ошондо алар АКШ менен да сүйлөшүүгө барышат. Мунайдан түшкөн акчага элдин көңүлүн алып, кээ бир саясый эркиндикке барышы мүмкүн”.

КОНСТИТУЦИЯНЫН КЫРГЫЗЧА ЖАНА ОРУСЧА ТЕКСТТЕРИНДЕ АЙЫРМАЧЫЛЫКТАР БАР

Жакында Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты Азимбек Бекназаров Конституциялык сотко кайрылды. Ага Конституциянын кыргызча жана орусча тексттериндеги айырмачылыктар себеп болгон.

Азимбек Бекназаровдун маалыматы боюнча, учурда Башмыйзамдын 56-беренесинин 2-пункту, 16-беренесинин 8-пункту жана 9-беренесинин 1-пунктундагы дал келбестиктер белгилүү. Мындай айырмачылыктар мыйзам кабыл алууда бир катар көйгөйлөрдү пайда кылууда. «Ошондуктан, практикада Конституциянын кайсы вариантын пайдалануу мыйзамдуу болоорун тактап берүүнү өтүнүп, Конституциялык сотко кайрылдым» дейт депутат.

- Мисалы, 56-берененин 2-пунктунда, - дейт Азимбек Бекназаров, - «Жогорку Кеңештин депутаты болуп, атайлап кылмыш жасаган адам шайланбайт» деп жазылса, орусчасында «атайлап жасалган кылмыш эмес, кандай болбосун кылмышты жасаган адам депутат боло албайт» деп жазылган. Практикада кыргызча менен орусча котормолорунда эки башка болуп калды. Мына азыр «Шайлоо кодексине» орусча варианты өтүп кетти. Ал эми 16-беренинин 8-пунктунда мындай айырмачылык бар. Орусчасында «каждый человек имеет право на свободу передвижения» деп жазылган, ал эми кыргызчасында «эркин жүрүү укугу бар» деп жазылбай калган.

Азимбек Бекназаровдун айтымында, мындай так эместиктерге жол берүүнүн өз себептери бар:

- Анткени, Конституцияга өзгөртүү киргизүү боюнча Конституциялык кеңеш үч ай ичинде иштеп чыккан вариант четке кагылып, анын ордуна эксперттик топко кирген 10 адам 10 күндүн ичинде Башмыйзамдын жаңы редакциясын иштеп чыккан. Мына ошол шашмалыктан улам каталар кеткен.

Бирок эксперттик топтун мүчөсү, Кыргыз улуттук университетинин юридикалык факультетинин деканы Серикул Косаков мындай кине туура эместигин билдирди:

- Эксперттик топ котормонун дал келүүсүнө жооп бербейт. Ал үчүн атайын комиссия иштеген.

Серикул Косаковдун айтымында, эксперттик топ орус тилинде иштегендиктен, Конституциянын жаңы редакциясы орус тилинде жазылган. «Ошондуктан, практикада талаштуу учурлар пайда болсо Конституциянын орусча вариантын пайдалануу максатка ылайыктуу» дейт Сергей Косаков. Анын айтымында, буга карабай Конституциянын текстериндеги айырмачылыктарга жол берилбеш керек эле:

- Айырмачылыкка жол берилбеш керек эле. Себеби, Конституция деген Конституция. Анын ар бир термининин өзүнө гана тиешелүү жүгү бар.

Эксперттик топтун дагы бир мүчөсү Осмон Тогузаков да Конституциянын жаңы редакциясы орус тилинде жазылгандыктан, кыргызчага которууда айрым так эместиктерге жол берилиши ыктымал дейт.

Конституциянын жаңы редакциясы 2003-жылы 2-февралда өткөн референдумда кабыл алынган. Ал эми Конституцияга өзгөртүү жана толуктоолорду киргизүү боюнча Конституциялык кеңеш 2002-жылдын август айында түзүлгөн. Ал үч ай иштеп, Конституцияга өзгөртүү жана кошумча киргизүү боюнча сунуштарды даярдаган. Конституциялык кеңештин сунуштарынын негизинде Конституциянын жаңы редакциясын иштеп чыгуу президент Аскар Акаевдин жарлыгы менен Чолпонкул Арабаев башында турган эксперттик топко жүктөлгөн эле. Бирок, эксперттик топ иштеп чыккан Конституциянын жаңы редакциясына Конституциялык кеңештин бир топ мүчөлөрү нааразычылык билдирген. Ага карабай ал вариант 2003-жылы 2-февралда референдумга коюлуп, кабыл алынган.

ПАКИСТАН ТЕРРОРЧУЛУККА КАРШЫ ООГАНСТАН МЕНЕН ЧОГУУ КҮРӨШҮҮНҮ УБАДА КЫЛДЫ

Пакистандын премьер-министри Зафарулла Хан Жамали менен ооган президенти Хамид Карзайдын Кабулдагы дүйшөмбү күнкү сүйлөшүүлөрү учурунда коопсуздукка, атап айтканда Талибан менен "ал-Каиданын" пакистан–ооган чек арасында жашырынып жүргөн согушкерлерин издөөгө байланышкан маселелер талкууланды. Пакистан өкмөт башчысы чек арада коопсуздук чаралары жана террорчулукка каршы күрөштө Ооганстан менен кызматташтык күчөтүүлөрүн убада кылды.

Бул - Зафарулла Хан Жамалинин 2002-жылдын соңунда Пакистандын премьер- министрлик кызматына келгенден бери Ооганстандагы алгачкы расмий визити. Пакистандын мамлекеттик маалымат агенттигинин билдиргенине караганда, премьер- министр иш сапары алдында жакшы санаалаштык иретинде түрмөлөрдөн 150дөй ооганды бошотууга буйрук берди. Ал эми иш сапар Пакистан аскерлери учурда Ооганстан менен чектеш аймактарында исламчыл согушкерлерди издөө операцияларын жүргүзүп жаткан учурга туура келди.

Пакистандын Ооганстанга чектеш толуу чөлкөмдөрүндө Исламабаддан автономия алган уруулар жашайт. "Ал-Каиданын" анабашы Усама бин-Ладен өз жактоочулары менен дал ушул чөлкөмдөрдө баш калкалап жүрүшү мүмкүн деген жоромолдор да жок эмес. Ооган бийликтери көптөн бери эле өлкө ичиндеги кол салуулардын көпчүлүгү чек аранын Пакистан тарабын байырлап жүргөн согушкерлер тарабынан ишке ашырылууда деп айтып келишүүдө. Буга далил катары алар кол салгандар кайра Пакистан тарапка качып кирип кетип жатышканын келтиришет. Пакистан бийликтери болсо жогорудагыдай ырастоолорду төгүндөп жүрүшөт. Аталган маселе Зафарулла Хан Жамали менен ооган президенти Хамид Карзайдын дүйшөмбүдөгү сүйлөшүүлөрүнүн өзөгүн түздү: Жолугушуудан кийинки маалымат жыйынында ооган президенти Хамид Карзай буларды билдирди:

- Террорчулукка каршы согуш күчөтүлөт жана Пакистан өкмөтү бизди террорчулукка каршы күрөшүн баардык тараптан улантып, аягына чыгараарына ишендирди.

Ал эми Пакистан өкмөт башчысы Зафарулла Хан Жамали ушул эле маалымат жыйынында буларды белгиледи:

- Биз Пакистандан Ооганстандын ,Ооганстандан Пакистандын чек арасын кесип өткөндөр жок экенине ынандыргыбыз келет. Көрүлүп жаткан айрым чараларды биз күчөтөбүз, аларды жакшыраак ишке ашырууну улантабыз.

Эки өлкөнүн алакасы былтыр чек ара боюндагы аскерлер ортосунда атышуулар орун алып, буга нааразы болгон оогандар Пакистандын Кабулдагы элчилигине кол салгандан кийин начарлап кеткен эле. Бирок, расмий Кабул Пакистандын соңку айларда чек арада жүргүзүп жаткан иштерин кубаттаган болчу. Кырдаал жакшы жагына өзгөрө баштаганын ооган президенти Хамид Карзай Пакистан өкмөт башчысынын иш сапары алдыда "Эркин Европа жана Азаттык " радиосуна берген маегинде да белгиледи:

- Акыркы бир нече айдын ичинде кырдаал оңолууда жана мен буга кубанычтамын.

Пакистан өз тарабынан чек арага миңдеген аскерлерин да жайгаштырган. Бирок чек ара тилкеси узун жана тоолуу болгондуктан аны биротоло кулпулап коюу мүмкүн эмес деп эсептейт.

Ал эми Ооганстандын Пакистанга чектеш түштүк жана чыгыш провинцияларындагы кол салуулардын курмандыктарынын арасында аскер жана полиция өкүлдөрүнөн тышкаары жергиликтүү карапайым тургундар, эл аралык гуманитардык уюмдардын кызматкерлери бар.

Кезинде Пакистан өкмөтү Ооганстандагы Талибан режимине колдоо көргөзгөн болчу. Бирок АКШда 2001-жылдын 11-сентябрында жасалган терракттардан кийин өз турумун өзгөртүп, антитеррордук согушта Кошмо Штаттардын чечүүчү өнөктөшүнө айланган. Пакистандын учурунда талибдерге колдоо көргөзгөнү да эки өлкөнүнүн азыркы дипломатиялык алакасына көлөкө түшүрбөй койгон жок. Кабулдагы сүйлөшүүлөрдүн учурунда эки тараптын экономикалык кызматташтыгы, Ооганстандын Кандагар шаарын Пакистандын түштүк-батышы менен байланыштыруучу темир жолду куруу жөнүндөгү Исламабаддын сунушу да талкууланды.

ИРАК: БРИТАН АСКЕРЛЕРИНИН ОГУНАН ӨЛГӨН ИРАКТЫКТАРДЫН САНЫ ДАГЫ БЕШКЕ КӨБӨЙДҮ; ДАНИЯЛЫК АСКЕРЛЕР ЧЫНДАП ЭЛЕ “ХИМИЯЛЫК КУРАЛ” ТАПТЫБЫ?

Ишемби күнү Ирактын Амара шаарында полиция менен жумуш берүүнү талап кылган ирактыктардын ортосунда болгон кагылышуу учурунда британиялык аскерлер беш адамды атып өлтүрүштү. Британ тараптын маалымдашынча, ирактыктар аларга гранаталарды ыргытышканда, аскерлер каршы ок атууга мажбур болушкан. Даниялык аскерлер Ирактын түштүгүндө химиялык заттарды жайылтуу үчүн пайдаланылуучу снаряддарды табышканын билдиришти.

Ирактыктарды иш менен камсыздоо өлкөнүн АКШ дайындаган башкаруучу кеңеши үчүн олуттуу проблема бойдон калууда.
Ишемби күнү Ирактын түштүк - чыгышындагы Амара шаарында жумушсуз ирактыктардын тополоңу кан төгүү менен аяктады.
Британиянын Коргоо министрлигинин билдирүүсүнө караганда, иш талап кылган адамдар жергиликтүү полицияга ок атып, жардамга келген британ жоокерлерини көздөй гранаталарды ыргытышкан. Жоокерлер аларга каршы ок ачканда, беш ирактык набыт болду жана бир киши жараат алды.
Ирак полицайлары менен британ аскерлеринин эч кимиси жабыркабады.

Мурдараак Ирак полициясы көтөрүлүшчүлөр провинциалдык өкмөткө караштуу имараттарды таш бараңга алышканда, аларды коркутуу максатында ок атышканын билдирген.

Буга чейин да жумушсуз ирактыктар бир нече жолу нааразылык акциясын өткөрүп, алардын айрымдары кан төгүү менен бүткөн болчу.

Ирактагы көп улуттуу күчтөрдүн курамындагы даниялык аскерлер Амара шаарынан 75 чакырым түштүктөгү Ирандын чек арасына жакын жайдан 36 даана артиллериялык снаряд табышканын билдиришти. Алар “бул жайдан дагы 100дөй дүрмөтсүз снаряд табылат”деп боолгошот.

Британ армиясынын өкүлү, майор Тим Смит 11-январь күнү колго түшкөн олжо тууралуу мына буларды билдирди:

- Даниялык аскерлер минометтун снаряддарын Басранын түндүгүндөгү каруу жарак кампасынан табышкан. Андагы каруу жарактын саны жана түрү такталууда. Бул иш азыр Ирактагы АКШлык аскерий эксперттердин колунда. Алар изилдөөнү бүткөндөн кийин маалымат беришет. Бүгүн мындан башка эч кандай маалымат бере албайм.

АКШ армиясынын генералы Марк Киммитт каруу жарак табылган жай күзөткө алынганын кабарлады:

-- Биз ал жайды Британ падышалыгынын ядролук, биологиялык жана химиялык полку менен чогуу күзөткө алдык. Биз табылган артиллериялык снаряддар 1980-жылдардагы Ирак-Иран согушунан калган болсо керек деп шектенүүдөбүз..

Ройтер агенттигинин маалымдашынча, алгачкы текшерүү 120 миллиметрлик снаряддар адамдын денесинде ыйлаактарды пайда кылчу газдар менен толтурулган болушу мүмкүн экенин көрсөткөн.

“Бардык приборлор снаряддар бирдей химиялык зат - ыйлаакты пайда кылчу газ менен толтурулганын көрсөттү. Бирок, жаңы изилдөөлөрдү өткөрүү зарыл”, - деп этият эскертилет Дания армиясынын командалык борборунун интернеттеги вебсайтында.
Кошумча изилдөөнүн жыйынтыгы жакынкы эки күндө айкын болот.

Ирак тыйуу салынган газ куралдарын 1980-88-жылдардагы согуш маалында ирандыктарга каршы колдонгон. Саддам былтыр апрелде бийликтен кеткенче “химиялык куралдар жок кылынды” деп айтып жүргөн.

Кошмо Штаттарынын президенти Жорж Буш адегенде Саддам Хусейнди массалык кыргын салчу куралдарын жашырууда деп айыптап, андан кийин америкалык аскерлерди Иракка басып кирүүгө буйруган.
Бирок Иракта андай куралдар алиге табыла элек.

АКШнын мурдакы финансы министри Пол О’Нейл жаңы чыккан “Сый мамиленин баасы” деген китебинде Жорж Буш 2001-жылы президенттик кызматка киришкенден мурда эле, анда Иракка кол салууга ниеттенгенин жазат.
Ак Үй болсо О’Нейлдин мындай айыптоосун четке какты.

ТҮНДҮК КОРЕЯГА БАРГАН ДЕЛЕГАЦИЯ ПХЕНЬЯНДЫН КЫЗМАТТАШТЫГЫН ЖОГОРУ БААЛАДЫ

Ишембиде АКШнын бейрасмий тобунун Түндүк Кореяга сапары аяктады. Конгрессмендердин жардамчылары менен эксперттерден турган делегация Йонбендеги атомдук комплекс менен да таанышып чыкты. Топтун мүчөлөрү Пхеньян өкмөтүнүн кызматташтыгын өтө жогору баалашты. Бул сапар Вашингтон менен Пхеньяндын араздашуусун жөнгө салууга канчалык салым кошоору али белгисиз.

Беш кишиден турган делегация ишемби күнү Бээжинге кайтып келди. Топтун жетекчиси, Стэнфорд университетинин профессору Жон Льюис Түндүк Кореяда алар каалаган бардык жерлерге бара алышканын ырастады:

- Биз Тышкы иштер министрлигинин чакыруусу менен барганбыз. Алдын-ала жиберилген сунуштарыбыздын бардыгын Корея тарап орундатты. Сапар учурунда кошумча каалоо-сунуштарыбыз пайда болду эле, аларды да канааттандырышты.

Топтун дагы бир мүчөсү, ядролук физика боюнча адис Сиг Хекер визиттин жыйынтыктары жөнүндө Вашигтон администрациясына баяндалмайынча, ал жөнүндө сөз кылуудан баш тарта турууну ылайык көрөт:

- Көп жерлер менен, анын ичинде Йонбен комплекси менен да таанышып чыктык. Кабыл алган тарап кызматташууга дилгирлигин көрсөттү. Профессор Льюис айткандай, мен деле маалымат менен бөлүшкүм келет, бирок, тилекке каршы, азыр эмес.

Делегация мүчөлөрү Түндүк Кореяга Вашингтон өкмөтүнүн өкүлдөрү катары барышпаганны баса белгилешти:

- Биз көз карандысыз топпуз. Ал жакка чабарман же текшерүүчү болуп барган жокпуз. Ошону менен катар, делегациянын кээ бир мүчөлөрү Түндүк Кореяга жол тартуудан мурда АКШнын Мамлекеттик департаментинин, Энергетика министрлигинин, Ак Үйдүн жана Сенаттын уруксатын алышты.

Америкалыктар кетээри менен Пхеньян делегацияга өзүнүн “ядролук коркунучка туруштук берүүчү объектилерин” көргөзгөнүн билдирди. Бирок ал кандай объектилер экени такталган жок. Расмий Вашингтон Түндүк Кореянын бир же эки өзөктүк бомбасы бар деп ырастап келатат. Бирок Пхеньян бул фактыны төгүндөгөн да жок, тастыктаган да жок. АКШ менен Түндүк Кореянын өзөктүк программа боюнча тирешүүсү Пхеньян ядролук куралдын үстүнөн тымызын иштеп жаткандыгын моюнга алгандан кийин, 2002-жылдын октябр айында кайрадан жанданган эле.

Апта башында болсо Пхеньян өзөктүк долбоорун убактылуу токтотууга макул болоорун билдирип, бирок “бул үчүн АКШ ага каршы санкцияларын күчүнөн кетирип, Түндүк Кореяны терроризмди колдогон мамлекеттердин “кара тизмесинен” алып салсын” деген талабын койду. Вашингтон болсо “Пхеньян эч кандай шарт койбостон, өзөктүк долбоорунан баш тартууга тийиш” деген позициясында кала берүүдө. Ал арада маселени чечиш үчүн алты тараптуу сүйлөшүүлөрдүн экинчи айлампасын өткөрүү аракети көрүлүп жатат.

АКЫРКЫ АПТАНЫН ОКУЯЛАРЫ

Өтүп бараткан аптада Кыргызстандын коомчулугунун көңүлүн бурган бир катар олуттуу окуялар болду. Алардын айрымдарын кезеги менен тааныштыралы.

Дүйшөмбү. 5-январда «Арнамыс» партиясынын төрагасынын орун басары Эмил Алиев бул партиянын азыр камакта жаткан төрагасы Феликс Куловго коюлган айыптардын негиздүүлүгүнө арналган коомдук талкуу 15-16-январда өтөөрүн маалымдады. Коомдук талкууга чакырылгандар соттук материалдар менен таанышкан соң Феликс Куловго коюлган айыптардын канчалык негиздүү болгондугу туурасында өз алдынча жыйынтык чыгара алышат. Белгилүү болгондой, Ф. Куловдун адвокаттары маселени эларалык сотторго алып чыгууну көздөп, Жогорку Соттон чечимдин бир нускасын берүүнү талап кылып келишет. Бирок, Эмил Алиевдин айтымында, ал да колго тийбей атат.

- Жогорку Сот ушул кезге чейин чечимди канцелярияга бере элек. Мындай нерсе дегеле тарыхта болгон эмес. Менин оюмча, Жогорку Соттун ичинде саясий оюндар болуп атат, - дейт Эмил Алиев.

Шейшемби. 6-январда «Кыргызалтын» акционердик коомунун тышкы байланыштар боюнча бөлүмүнүн кызматкери Георгий Глухов кыргыз өкмөтү менен Канаданын “Камеко” корпорациясы “Centerra Cold Inc.” компаниясын түзгөнү тууралуу маалыматты тастыктады. Эки тараптуу макулдашууга ылайык, кыргыз тарап үлүш катары 102 тонна алтыны бар Кумтөр кенин кошот. Ошондон кийин “Centerra Cold Inc.” компаниясынын 67% акциясын “Камеко”, калган 33% акцияны Кыргызстан кармайт. Тоо кендери боюнча тажрыйбалуу адис Шергазы Мамбетовдун айтымында, Кыргызстан “Камеко” менен түзгөн Башкы келишим боюнча 400 млн. доллар таза пайда алышы керек эле, бирок Канада тарап ага жеткирбей атат:

- Баягы 400 миллиондун эч нерсесин албай туруп эле кайра-кайра ойной бериш деген, менимче, кезектеги көз боёмочулук да.

Ал эми «Кыргызалтындын» өкүлү Гүзел Валиеванын айтымында, «Кумтөр алтын компаниясын» реструктризациялоо боюнча өкмөттүн токтому чыкты. “Centerra Cold Inc.” ишканасынын курамына Кумтөрдөн тышкары Монголиядагы Боро алтын кени, АКШнын Невада штатында алтын менен иштеген компания кирет деген маалымат бар.

Шаршемби. 7-январда белгилүү саясатчылар Курманбек Бакиев, Муратбек Иманалиев, Өмүрбек Текебаев жана Эмил Алиев АКШнын Мамлекеттик департаментинин чакыруусу менен 1-мартта АКШга эки аптага бара турганы маалым болду. АКШнын Кыргызстандагы элчилигинин билдиргенине караганда, кыргыз саясатчылары «Эл аралык визиттер» программасынын алкагында АКШдагы саясий партиялардын өнүгүшү менен таанышат.

Бейшемби. 8-январда Кыргызстан жаштар партиясынын лидери Айдар Бакыев март айында Конституцияга алымча-кошумчаларды киргизүү максатында референдум өткөрүү демилгесин көтөрүп, «Азаттык» радиосунун кабарчысына маек куруп берди. Айдар Бакыевдин көз-карашында, референдумга президент Аскар Акаевдин мөөнөтүн 2010-жылга чейин узартуу, парламенттик шайлоого пропорционалдык-мажоритардык ыкманы киргизип, 75 депутаттын 25ин партиялык тизме менен шайлоо жана өлкөдө өлүм жазасын колдонууга биротоло тыюу салуу маселелери коюлушу керек экен. Айрым талдоочулардын көз карашында, Аскар Акаев кийинки шайлоого катышпай турганын айтса дагы, президенттин мөөнөтүн узартуу боюнча демилге жогорку бийликтин көрсөтмөсү менен көтөрүлүп жатат. Кыргызстан коммунисттик партиясынын жетекчиси Клара Ажыбекова Аскар Акаевдин президенттик мөөнөтүн узартууга каршы экендигин мындайча билдирди:

- Конституция сакталышы үчүн биз бардык күч-аракетибизди жумшайбыз. Кыргызстанда да бийлик алмашышы керек. Биз Аскар Акаевдин дагы бир мөөнөткө калышына эч кандай мүмкүнчүлүк бербөөгө аракеттенебиз. Аскар Акаевден башка да президенттикке татыктуу кыргыз уулдары бар.

Жума. 9-январда премьер-министр Николай Танаев Баткен облусунун «Сүлүктүкөмүр» акционердик коомуна иш сапары менен барып, көмүр кениндеги жагдай менен таанышты. Акыркы жылдарда каражаттын жана тиешелүү жабдуулардын жетишсиздигинен улам Сүлүктүдөгү көмүр кендеринде иш бир топ солгундап кеткен. Буга кошул-ташыл болуп, өткөн жылдын этегинде жүргөн жер көчкүдөн улам көмүр кени убактылуу жабылып калган. Мындай оор абал менен таанышкан өкмөт башчы көмүр казууну кайра калыбына келтириш үчүн 5 млн. сом акча бөлүнөөрүн белгиледи.

Ишемби. 10-январда Кыргызстан коммунисттер партиясынын лидерлеринин бири, Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты Ишенбай Кадырбеков 2005-жылдагы президенттик шайлоого ат салышаарын «Азаттыкка» билдирди.

ДАГЫ БИР РЕФЕРЕНДУМ КИМГЕ ЗАРЫЛ?

Азиза Турдуева, Бишкек Кыргызстан жаштар партиясы быйыл март айында өлкөдө жалпы элдик референдум өткөрүүнү сунуш кылууда. Аталган партиянын өкүлдөрүнүн көз карашында, референдумга президент Аскар Акаевдин мөөнөтүн узартуу, парламенттик шайлоого пропорционалдык ыкманы киргизүү жана өлкөдө өлүм жазасын алып салуу маселелери коюлушу керек экен.

Кыргызстан жаштар партиясынын төрагасы Айдар Бакыев «Азаттыкка» бул маселе тууралуу мындай деди:

- Парламенттик шайлоого бир жылга жакын убакыт калды. Ошондуктан биз март айында жалпы элдик референдум өткөрүү демилгесин көтөрүп жатабыз. Биздин пикирибизде, Кыргызстанда парламенттик шайлоо пропорционалдык-мажоритардык системанын негизинде өтүшү керек. Парламентте оппозициялык да, бийликке ылым санаган да партиялардын өкүлдөрү болушу зарыл. Анын үстүнө азыр республикада партияларды кайра жандандыруу процесстери жүрүп жатат.

Айдар Бакыевдин айтымында, болочок парламенттеги 75 депутаттын 25и партиялык тизме боюнча шайланууга тийиш.

“Келерки парламенттик шайлоо пропорционалдык–мажоритардык системанын негизинде өтүшү керек” деген пикирлер буга чейин да айрым саясий партиялар тарабынан айтылып келген. Бул маселе боюнча депутаттар кол чогултуп, “Башмыйзамга өзгөртүүлөр, толуктоолор Жогорку Кеңеш тарабынан киргизилсин” деген сунуш менен Конституциялык Сотко да кайрылышкан. Алар болочок парламенттеги депутаттардын санын дагы 30 адамга көбөйтүүнү жана аларды партиялык тизме менен шайлоону сунушташкан. Азырынча Конституциялык Сот парламенттин мындай сунушун карай элек.

Айрым саясатчылар «мыйзамда жазылгандай, референдумда кабыл алынган чечимдер референдум аркылуу гана жокко чыгарылышы керек» дешет. Айрым оппозициялык маанайдагы депутаттар болсо “мындай сунуш ишке ашырылышы ажеп эмес” деген пикирлерин айтышууда. Бирок аларды кооптонткон жагдай – “пропорционалдык ыкма тууралуу Конституцияга алымча-кошумчаларды киргизүү боюнча парламенттин эмес, бийликтин варианты өтүп кетет” деген маселе.

Кыргызстан жаштар партиясы ошону менен катар референдумга Аскар Акаевдин президенттик мөөнөтүн 2010-жылдын февралына чейин узартуу жөнүндө маселе киргизүүнү да сунуш кылып жатат. Мындай демилгелер буга чейин да көтөрүлгөн. Ал эми жакында болсо Жогорку Кеңештин Эл өкүлдөр жыйынынын Мамлекеттик түзүлүш жана мыйзамдуулук боюнча комитети «Аскар Акаев 2005-жылы президенттик шайлоого катыша алат» деген бүтүмүн чыгарды. Айрым талдоочулардын көз карашында, Кыргызстан жаштар партиясынын президенттин мөөнөтүн узартуу тууралуу демилгеси бийликтин көрсөтмөсү менен көтөрүлүп жатат. Бул тууралуу «Арнамыс» партиясынын төрагасынын орун басары Эмил Алиев мындай ойлорун ортого салды:

- Биз көнүп калдык. Мындай сунуштун артында «Ак Үй» турат. Жаштар партиясы сунуштаган 3 маселенин арасында эң башкысы- президенттик мөөнөттү узартуу. Үч маселе бир коюлат – “пропорционалдык ыкманын негизинде шайлоону өткөрүүнү жана өлүм жазасын алып салууну колдоо менен эл президенттин мөөнөтү боюнча маселени да колдойт” деген бийликтин болжолу бар. Бул элди алдоо болуп эсептелет. Менин пикиримде, бул ишке ашпайт.

Ал эми айрым саясий партиялар “Аскар Акаевдин мөөнөтүн узартыш керек” деген көз карашты колдошот. «Жаңы күч» партиясынын төрайымы Токон Шайлиеванын пикирин уксак, мындай дейт:

- Чындыгын айтканда, азыр өлкөдө абал туруктуу. Башка өлкөлөргө салыштырмалуу бизде абал жакшы. Ошондуктан Аскар Акаевди дагы ордунда калтырыш керек.

Ал эми Кыргызстан коммунисттик партиясынын жетекчиси Клара Ажыбекова Аскар Акаевдин президенттик мөөнөтүн узартууга каршы экендигин айтат:

- Конституция сакталышы үчүн биз бардык күч-аракетибизди жумшайбыз. Кыргызстанда да бийлик алмашышы керек. Биз Аскар Акаевдин дагы бир мөөнөткө калышына эч кандай мүмкүнчүлүк бербегенге аракеттенебиз. Аскар Акаевден башка да президенттикке татыктуу кыргыз уулдары бар.

Кыргызстан жаштар партиясы тарабынан рефендумда элдин добушуна сунушталып жаткан дагы бир маселе - өлкөдө өлүм жазасын колдонууну биротоло токтотуу. Кыргызстанда соңку 5 жылдан бери өлүм жазасын жүзөгө ашырууга мораторий жарыяланып келет. Өлүм жазасын колдонууну таптакыр токтотуу боюнча да коомчулукта карама-каршы пикирлер арбын.

ПУТИНДИН АСТАНАДАГЫ ВИЗИТИ АЯКТАДЫ

Орус президенти Владимир Путиндин Казакстандагы ырасмий визити аяктады. Астанада Путин казак президенти Нурсултан Назарбаев менен эки тарапты кызыктырган маселелердин кеңири чөйрөсүн талкуулашты. Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында бир катар документтерге кол коюлду.

Астанада кол коюлган документтердин орчундуусу катары россиялык комментаторлор Байкоңур космодромунун арендалык мөөнөтүн узартуу жана Каспий кылаасындагы мунай кендерин биргелешип иштетүү жөнүндөгү макулдашууларды аташты. Советтер Союзунан мураска калган космодромдун тегерегинде акыркы жылдары эки өлкөнүн ортосунда бир топ кыйын-кычыктуу маселелер пайда болгон. Астана мурда кол коюлган келишимди кайра карап, арендалык акынын өлчөмүн жылына дээрлик 200 миллион долларга жеткирүүнү көздөгөн. Жума күнү Астанада жетишилген макулдашууда ижара баасы айтылган жок, бирок анын мөөнөтү 2050-жылга чейин узартылды. Орус өкмөтүнүн вице-премьери Виктор Христенко түшүндүргөндөй, космодромдун ижара акысы тууралуу жакын аралыкта өзүнчө келишим түзүлөт. Мындан эки өлкө тең өнөгүн алдырбайт, тетирисинче, утушка ээ болот, деп ишендирди орус вице-премьери.

Экинчи чоң ийгилик катары Каспийдин Казакстанга караштуу алабындагы мунай кендерин биргелешип иштетүү маселеси боюнча биринчи ирет конкреттүү кадамдар аныкталганын айтышууда. Бул долбоорго тараптар, айрыкча Москва, тек гана экономикалык көз караштан эмес, баарыдан мурда саясий өңүттөн маани берип жатышат. Ошентсе да аталган маселеде күдүктөнткөн айрым проблемалардын башы ачылган жок. Атап айтканда, ырасмий эсептерге ылайык, Казакстандын мунай тармагына сарп кылына турган инвестициянын көлөмү 70 миллиард долларга жетиши керек, мындай суммага болсо “Лукойл” компаниясынын гана эмес, бүткүл Россиянын бюджети чабалдык кылат. Ошол себептен тараптар иштин бул өңүтүн кеңири комментариялашкан жок. Путин да, Назарбаев да негизинен жалпы маанидеги маселелерге басым жасашты. Биздин жолугушууларда ар дайым боло жүргөндөй эле, ортодогу проблемаларды кенен-чонон жана ачык-айрым мүнөздө талкууладык, деп айтты Назарбаев. Интеграция маселесинде бирдиктүү экономикалык мейкиндик түзүү боюнча комплекстүү иш чаралар жактырылды. Мындан тышкары сүйлөшүүлөрдө, Путин ырастагандай, эки тараптуу мамилелердин бардык түйүндүү маселелери, алардын ичинде аскери, саясий кызматташтыктын, эл аралык иштердин проблемалары каралды. Ошондой эле коллективдүү коопсуздук келишимин, Евразия экономика шериктештигин, Шанхай кызматташтык уюмун өнүктүрүү жолдору да талкууланды. Эң негизгиси, деп айтты Путин, эки элдин тарыхый ымала-ыкыласы, эзелтен келаткан достук жана боордоштук салты өз ара кызматташтыктын кыймылдаткыч күчү, бекем негизи бойдон сакталып калышы үчүн тараптар баарын жасоого милдеткер.

АКШнын ЭКСПЕРТТЕРИ ТҮНДҮК КОРЕЯНЫН ЯДРОЛУК КОМПЛЕКСИН БАРЫП КӨРҮШТҮ

Жыргалбек Касаболотов, Прага Түндүк Кореянын ядролук комплекстери эл аралык коомчулуктун көңүл борборунда болуп, АКШ өңдүү чоң мамлекеттердин баш ооруткан көйгөйүнө айланганы жакшы маалым. Расмий Пхеньян АКШнын бул программаны токтотуу тууралуу сунушуна моюн толгоп, өзүнө ылайык эсептеген шарттарын коюп келген. Ал тургай узак убакыт бою түндүк кореялыктар АКШнын эксперттерине бул комплекстерге кирүүгө уруксат беришкен эмес. Бирок жакында Стенфорд университетинин профессору Жон Люис баштаган америкалык эксперттер Пхеньяндын уруксаты менен Түндүк Кореянын ядролук комплекстеринде болуп, андагы жасалып жаткан иштерди өз көзү менен көрүп кайтышты.

Түндүк Кореянын Йонбендеги ядролук борборун барып көргөн америкалык делегациянын мүчөлөрү ал жерге узак убакыттан бери баш баккан алгачкы чет элдик атуулдар болду окшойт. Анткени Йонбенден Атомдук энергетика боюнча эл аралык агенттиктин (МАГАТЭ) инспекторлору Пхеньяндын талабы боюнча чыгып кеткенине бир жылдан ашты. Түндүк Кореяга бул жолу барган делегация расмий деп эсептелген жок. Бул тууралуу ишембиде Бээжинде ушул делегациянын мүчөсү, АКШнын Стенфорд университетинин профессору Жон Люис билдирди. Делегациянын курамында Сенаттын эки кеңешчиси, АКШнын Түндүк Кореядагы мурдагы өкүлү жана ядролук куралдар боюнча адис болгон. Алар Түндүк Кореяда баш-аягы беш күн жүрүп, Бээжинге кайтып келишти.

Делегациянын мүчөлөрү Йонбенде көргөндөрүн ачыкка чыгаруудан баш тартышты, бирок Түндүк Кореянын Тышкы иштер министрлиги аларга каалаган жерин барып көрүүгө уруксат бергенин айтып беришти. Стенфорд Люистин айтымында, делегациядагылар өлкөнүн Коргоо жана Тышкы иштер министрликтеринин өкүлдөрү, экономисттер жана окумуштуулар менен жолугушкан. Люис эч кандай так маалымат айткан жок, бирок америкалык делегациянын иш сапары Түндүк Кореянын ядролук программасы менен чектелбей турганын кыйытып өттү. Ал эми делегациянын башка бир мүчөсү Сек Хекердин билдиргенине караганда, алар көргөн-билген маалыматтардан жакында АКШнын өкмөтү кабардар болууга тийиш.

- Биз көптөгөн обьектилерди, анын ичинде Йонбендеги обьектилерди көрдүк. Бул иш сапарыбызда Түндүк Кореянын биз менен жолугушкан өкүлдөрү биз менен астейдил кызматташып жатышты. Профессор Люис айткандай, биз тапкан-эткен маалыматыбызды кийинчерээк бөлүшөбүз, бирок тилекке каршы, азырынча анте албайбыз, - деди Хекер.

АКШнын көз карашында, Түндүк Корея Йонбенде ядролук курал чыгарууга аракет көрүүдө. Ошол себептүү Вашингтон менен Пхеньян бир жылдан ашуун убакыт бою бул программанын тегерегинде кепке келе элек. Жалпысынан Түндүк Корея массалык кыргын салуучу курал-жарак боюнча америкалык же эл аралык адистерди өз өлкөсүнө киргизүүгө көшөрүп каршы чыгып, бирок кийинчерээк макулдук берген биринчи өлкө эмес. Ирактагы акыркы согуш да бир чети “Саддам Хусейнде массалык кыргын салуучу куралдар бар” деген маалыматтардын шылтоосу менен башталган. Америкалыктар Иракка кирген соң көптөн кийин, жакында эле АКШнын мамлекеттик катчысы Колин Пауэлл Иракта андай маалыматты тастыктаган далилдер дале болсо табыла электигин моюнга алды. Ливия болсо жыл этегинде өзүнүн ядролук программасын ачыкка чыгарып, андан баш тартканын жарыялаган. Бирок анын программасы баштапкы стадияда гана болгонун, андан бул өлкөнүн азыркыдай экономикалык шартында ядролук курал жасалып деле жарытпасын адистер айтышууда. Ошону эсепке алганда Ливиянын ядролук программадан эмне үчүн баш тартканы негизинен түшүнүктүү. Ал эми Түндүк Кореянын ядролук программасы канчалык даражада мыкты экени азырынча так эмес, бирок Йонбенге барган делегациянын ачык маалымат берүүдөн баш тартканы көп нерседен кабар берет. Эгер Түндүк Кореянын программасы чынында эле ошончолук олуттуу болсо, Пхеньян менен соодалашуу Вашингтон үчүн мындан ары кыйыныраак болушу ыктымал. Анткени Түндүк Корея америкалык адистерди Йонбенге киргизген менен, өзүнүн ядролук программасын бир тараптуу токтотуу жөнүндө азырынча ооз ача элек.

СОТТУК ТЕРИШТИРҮҮЛӨРДӨ КЕМЧИЛИК КӨП

Чолпон Орозобекова, Бишкек 10-январда Юристтердин америкалык ассоциациясы атайын долбоордун алкагында соттук териштирүүлөрдүн акыйкаттыгына арналган үч күндүк семинар баштаганы турат. Ага республиканын бардык аймактарынан укук коргоочулар, адвокаттар жана юристтер катышат.

«Соттук териштирүүлөргө байкоо жүргүзүү» деп аталган семинарда Англиядан келген адистер адам укуктарынын сакталышы жана мыйзамдуулук боюнча дарс окушат. Үч күндүк жыйындан кийин жергиликтүү адистер мындан ары 6 ай бою Кыргызстандын аймагында өтүп аткан ар түрдүү сот жараяндарына катышышат. Бул үчүн Юристтердин америкалык ассоциациясы чоң конкурстун негизинде 15 адамды тандап алды. Анын тогузу тажрыйбалуу адвокаттар, бешөө болсо коомчулукка аты белгилүү укук коргоочулар, бирөө юридикалык компанияда тажрыйба топтогон студент жигит экен.
Кыргызстанда бул семинарга чейин да соттук териштирүүлөр боюнча байкоо жүргүзгөн бейөкмөт уюмдар бар. Ош шаарындагы «Соломон нуру» уюму ушул тапта Ош дубанындагы 4 райондо сот жараяндарына катышып, адам укуктары бузулган фактыларды каттап жатат. Укук коргоочу Садыкжан Махмудовдун көз карашында, бул тармакта көкөй кескен маселелер арбын. Мисалы, каалаган адам катышууга укуктуу болгон сот жараяндары жабык өтүшү кадыресе көрүнүшкө айланган:
- Мыйзам боюнча ар бир адам ачык өтчү сот жараяндарына катышууга укуктуу. Бирок, биздин байкоолорубуз көрсөткөндөй, көп учурларда сот жараяндары сот залында эмес, судьянын кабинетинде өткөнү адатка айланып баратат. Ал кенедей бөлмөгө териштирүүгө тиешеси бар 3-4 киши гана араң батат. Сот системасында мындан башка кемчиликтер жана адам укугу бузулган учурлар арбын.
Юристтердин америкалык ассоциациясы билдиргенге караганда, баарлашуу учурунда өлкөнүн туш тарабынан келген адвокаттар жана укук коргоочулар Кыргызстандын укуктук системасы адам укугун сактаган, ачык-айкын өтүлчү соттук териштирүүлөргө муктаждыгын белгилешкен. Бириккен Улуттар Уюмунун адам укуктары боюнча комитети Кыргызстандын Атуулдук жана саясий укуктар боюнча пакттын принциптеринин сакталышы тууралуу биринчи отчетун уккан. Ошондон кийин бул комитет сот системасындагы теңсиздик, коррупция жана адистердин кесиптик деңгээлинин төмөндүгүнө тынчсыздануусун билдирген.

ОРУС ПРЕЗИДЕНТИ ПУТИН АСТАНАГА КЕЛДИ

Нарын АЙЫП, Прага 9-январда Орусиянын президенти Владимир Путин эки күндүк расми сапар менен Астанага келди. 2004-жыл Казакстанда "Орусия жылы" деп жарыяланган жана Путин казак президенти Нурсултан Назарбаев менен аны салтанаттуу ачат. Майрам-шооктон тышкары, эки тараптуу сүйлөшүүлөр да болот жана алардын кээ бирлери оор да болушу мүмкүн.

Акыркы мезгилде Борбор Азия мамлекеттери Батыш менен кенен кызматташып, 2001-жылы болсо кээ бир өлкөлөрдө антитеррордук коалициянын базалары ачылгандан соң, Маскөө дагы өз саясатын өзгөртүп, Борбор Азияга көбүрөөк көңүл бура баштады. Ачык айтылбаганы менен, АКШ менен Орусиянын Борбор Азиядагы кызыкчылыктары белгилүү деңгээлде бир-бирине каршы келээри да анык, жергиликтүү жетекчилер болсо, абалдан пайдаланып, эки тараптан тең пайда табууга аракеттенүүдө. 2004-жыл Казакстанда "Орусия жылы" деп жарыяланганы да бекеринен эмес.

Аны менен катар, кээ бир орусиялык эксперттердин айтымында, азыркыдай ылдамдык менен өнүгө берсе, жакын арада Казакстан кээ бир тармактарда Орусия менен атаандашууга да жетише алат жана анын айрым белгилери пайда боло баштады.

"Коммерсант" гезитинин жазышынча, мисал үчүн, Казакстан акыркы жылдарда өзүнүн абадан коргонуу системасын АКШ, Алмания жана Улуу Британиянын жардамы менен реформалай баштады жана ал долбоордун наркы бир миллиард долларга жетет. Ал эми КМШ өлкөлөрү ортосунда 1995-жылы кол коюлган келишим боюнча, Шериктешикте ал система бирдиктүү болууга тийиш. Андан тышкары, бул тармакта бир топ аскерий жашырын сыр да бар жана алар Батыш өлкөлөрүнө ачылса, Орусия өзүнүн абадан коргонуу системасын өзгөртүүгө аргасыз болот.

Жамааттык коопсуздук келишимине кирген өлкөлөрдүн акыркы жыйындарында казак өкүлдөрү НАТО менен бирдиктүү уюм катары кызматташууга каршы чыкты. "Коммерсанттын" жазганына караганда, анын себеби - НАТО менен Астана өз алдынча кеңири кызматташып жатканында. Мисал үчүн, Каспий деңизинин айланасынданы аскерий түзүлүштөрдү жаңыртуу иштерине НАТО 2003-жылы Казакстанга 35 миллион доллар берген.

Ошондуктан Маскөө Борбор Азиялык өлкөлөрдү өз тарабына тартуу үчүн, аларга куралды өзүнүн ички баасы менен сатууну жана алардын аскерлерин өз окуу жайларында бекер окутууну сунуш кылууда. Путин менен Назарбаев Астанада жолукканда, аталган маселелерден тышкары, Байкоңур космодромун биргелешип пайдалануу маселесин да карайт. Ал тууралуу келишим 1994-жылы жыйырма жылдык мөөнөткө кол коюлган жана Казакстан азыр космодромдун ижарасы үчүн Маскөөдөн жыл сайын 115 миллион доллар алат. Келишимдин аяктаарына дагы он жыл бар болгону менен, Маскөө азыртан эле анын мөөнөтүн дагы 50 жылга узартууну сунуш кылууда, Астана болсо бир топ өз шарттарын коюп жатат.

Казакстандын мунай байлыктары айланасында да сүйлөшө турган көп нерсе бар. 2015-жылга карата Казакстан жыл сайын 160 миллион тонна мунай жана 70 миллиард куб метр газ өндүрө баштайт, аны куур аркылуу Батышка жеткирүү ишинен эле ортомчу боло турган Орусия бир топ пайда табышы мүмкүн. Бирок Астана азыртан эле "Бакы-Тбилиси-Жейхан" куур долбооруна кошулууга даярданууда, ошол эле учурда Орусиянын аймагы аркылуу өткөн "Теңгиз-Новороссийск" кууру азырынча толук пайдаланылбайт. Маскөө менен Астана мурда "Курмангазы" мунай кенин чогуу иштетүү тууралуу макулдашкан, бирок келишимге кол коюла элек жана Казакстан акыркы мезгилде ал долбоорго Франциянын "Тотал" фирмасынын кошулушун талап кыла баштады.

Астанада, андан тышкары, чек араларды делимитациялоо, Казакстандагы орустардын жана орус тилинин абалы, Казакстанда өндүрүлгөн буюмдардын орус аймагы аркылуу транзити жана башка маселелер талкууланат.

ИРАКТАГЫ СОҢКУ КЫРДААЛ ДАГЫ ЭЛЕ ТЫНЧ ЭМЕС

Баян Жумакадыр кызы, Прага 9-январда 300дөй америкалык солдат Ирактын Тикрит шаарында ири аскердик рейд өткөрүп, америкалык аскерлерге кол салган деген шек менен 13 ирактыкты камакка алышты. Аскерлер Тикритке бараткан жолдорду тосмолоп, шаардын бир топ шектүү ашканалары менен дүкөндөрүн тинтип чыгышты. Ушул эле күнү Багдаддан 60 чакырым жерде турган Бакуба деген шаарда шиилердин мечитинин жанында бомба жарылып, андан, бери дегенде, алты киши жан таслим болду.

Негизинен суннилер отурукташкан Бакубадагы жардыруунун артында кимдер тургандыгы белгисиз. Бирок анын шиилердин мечитинин жанында болгондугу кол салуунун артында суннилер тургандыгын божомолдогонго негиз берет. Жардыруудан алты киши курман болуп, 40тай киши жараат алды. Бейшемби күнү болсо Ирактын Фалужа чөлкөмүндө бир америкалык аскердик тик учак кыйрап, анда бараткан 9 кишинин бири калбай мерт болгон. Окуяга күбө болгондор, "Кара Кыргый" үлгүсүндөгү тик учакка ракета атылганын айтып жатышат. Ошол эле бейшемби күнү АКШнын “Си-5” үлгүсүндөгү жүк ташуучу учагы аткыланып, Багдаддын аэропортуна кайра тартууга мажбур болгон. Анда бараткан 63 жүргүнчү тең аман-эсен, бирок учакка кыйла зыян келтирилди. 2-январда болсо Фалужада бир америкалык чалгынчы тик учак атып түшүрүлгөн, андан бир киши курман болуп, бирөө жараат алган.

АКШнын Ирактагы аскерлеринин командачылыгы акыркы айларда өлкөнүн калк жыш отурукташкан аймактарында жүргүзүлгөн аскердик рейддердин натыйжасында америкалык аскердик колонналар менен жөө аскерлерге кол салуулар сейилдегенин айтат. Ал эми Саддам Хусейн колго түшкөн соң анын бийликке кайтып келүүсүнөн чочулабай калышкан ирактыктар эл арасында жашынып жүргөн куралчан согушкерлер жөнүндө көбүрөөк маалымат берчү болушканы маалымдалат. Ошону менен бирге эле америкалык аскердик учактарга кол салуулар көбөйгөндүгү байкалат. Америкалык аскердик жетекчилик мындай көрүнүштүн себеби эмнеде экенин азырынча даана айта албайт.

Согуштук аракеттер басылбай жатканына карабастан, Ирактын америкалык жетекчилиги өлкөдөгү абалды турукташтыруу аракеттерин улантууда. Америкалык акимчиликтин башчысы Пол Бремердин буйругу боюнча бейшембиде Багдаддын жанындагы Абу Гариб деген түрмөдөн мунапыс алган алгачкы түрмө туткундары эркиндикке чыгарылды. 9500дөй киши отурган түрмөдөн чыгарылган 60 туткунду тууган-туушкандары менен жакындары кучак жайып тосуп алышты. Баары болуп, мунапыс 500 ирактык түрмө туткунуна бериле турганын жарыялаган Пол Бремер, бул чара катачылык кетирип Саддам Хусейндин “Баас” партиясын колдогон ирактыктар менен анын режимине нааразы болгондордун өз ара жарашуусуна данакер болот деген үмүтүн билдирди. Түрмө туткундары аттуу-баштуу жакындарынын кепилдиги менен бошотулуп жатат.

Бирок мунапыс жараянына терең нааразы болгондор да арбын. Ирактыктардын бир кыйласы жакындарынын түрмөгө жазыксыз камалганына нааразы болушса, башкалары түрмөдө отурган туугандарынын мунапыска илинбей калганына кыжырданып жатышат. Мисалы, Дифаф Абед деген 30 жаштагы келин атасы менен эки эркек бир тууганы түрмөгө эч күнөөсү жок эле камалганын айтат. Абеддин көп жылдар бою дипломат болуп иштеген атасын америкалык аскерлер өткөн жазда кармап кетишип, ошол бойдон анын дайынын билгизишкен эмес. Атасынын эч кылмыш кылбаганын белгилеген Абед америкалык аскерлерге кыжырданганын жашырбай мындай дейт:

- Бейкүнөө кишилерди түрмөгө камап жатканы үчүн америкалыктарга кыжырым келет. Менин атам менен бир туугандарым жазыксыз. Баш-аламан иш кылганы үчүн америкалыктарды жек көрөөрүмдү ушул жерде турган америкалык солдатка айттым.

Лондондогу Экономика жана саясат институтунун кызматкери Йахия Саед мунапыс берүү америкалык жетекчиликтин ирактыктардын Америкага мамилесин өзгөртүш үчүн жасаган маанилүү стратегиялык кадамы болгондугун айтат:

- Биринчи кадам Саддам Хусейинди колго түшүрүү менен жасалган. Бул кадам менен ирактык согушкерлердин ындынын өчүрүүнү көздөгөн америкалык жетекчилик эми калың журттун көңүлүн алып, Ирак коомундагы элдешүү процессин ыкчамдаткысы келет.

Бирок серепчи бул чаралар жарашуу үчүн жетишсиз экенин мындайча белгилейт:

- Ан үчүн чечкиндүүрөөк аракеттер керек. Менимче, ок атышууну жана бардык аскердик операцияларды токтотуп, калкка өз ыктыяры менен куралсызданууга мүмкүндүк бериш керек. Андай кадам али жасала элек.

КЫРГЫЗСТАНДЫН АЙРЫМ САЯСАТЧЫЛАРЫ АКШга БАРМАК БОЛУШТУ

Быйыл марттын 1нен 15ине чейин Кыргызстандын бир катар эркин саясатчылары, анын ичинде мурдагы премьер-министр Курманбек Бакиев жана үч саясий партиянын жетекчилери АКШга барат. Бул окуя келерки президенттик жана парламенттик шайлоого даярдык көрө баштаган айрым саясий күчтөрдүн бүйүрүн кызытып, “булар АКШнын кеңешине кириши мүмкүн” деген ойго алып келип жатат.

АКШнын Мамлекеттик департаментинин чакыруусу менен мурдагы премьер-министр Курманбек Бакиев, «Атамекен» партиясынын төрагасы Өмүрбек Текебаев, «Акыйкат жана прогресс» партиясынын төрагасы Муратбек Иманалиев жана «Арнамыс» партиясынын төрагасынын орун басары Эмил Алиев АКШга барышат. Саясатчылар арасындагы түпөйүл ойдун жаралышына ушул үч бараандуу партиянын лидерлери менен бирге эч кандай саясий партияга кирбеген, бирок эмки президенттик шайлоого катышаарын ачык айткан мурдагы өкмөт башчы Курманбек Бакиевдин да чакырылышы түрткү берди. Айрым саясатчылар ушундан улам “АКШдагы сапардан кийин саясий партиялар Курманбек Бакиевдин айланасына биригип, президенттик шайлоо учурунда анын талапкерлигин колдошу мүмкүн” деген пикирлерин да жарыя кылышты.

Мындай ойлорго байланыштуу АКШнын Кыргызстандагы элчилиги жума күнү атайын түшүндүрмө таратты. Элчилик өз билдирүүсүндө АКШнын Мамлекеттик департаментинин «Эл аралык сапарлар» деген 3-4 апталык программасы бар экендигин, анын алкагында акыркы 10 жыл ичинде жүздөгөн кыргызстандыктар АКШда болгонун кабарлады. Ал сапарлардын максаты - кыргыз адистерин АКШдагы кесиптештери менен тааныштырып, тажрыйба алмашууга мүмкүнчүлүк түзүү.

Ал эми бул жолку тема - «АКШдагы саясий партиялардын өнүгүшү». АКШнын Бишкектеги элчилигинин маалыматы боюнча, чакырылган саясатчылар АКШнын федералдык курамы, саясий түзүлүшү жана шайлоо системасы менен кеңири таанышат. Мындан тышкары, алар президенттикке АКШнын Демократиялык партиясынан бирдиктүү бир талапкерди көрсөтүү салтанатына катышышат.

Жол тартканы камынып аткан бул саясатчылар өздөрүнүн АКШга чакырылышын алар жетектеген саясий партиялардын коомдогу салмагына жана келечегине байланыштырышат. «Атамекен» партиясынын төрагасы Өмүрбек Текебаев “АКШга барган саясатчылар Вашингтондун кеңешине кириши мүмкүн” деген ойго кошулбайт.

- Менин позициям ар дайым бекем, - дейт Өмүрбек Текебаев. - АКШнын, Орусиянын, Казакстандын же Өзбекстандын өкүлү болобу, алардын үндөөсүн мен маалымат катары гана кабыл алам. Мен өзүмдүн саясий кадамдарымды Кыргызстандагы саясий абалга жана мамлекеттин келечегине жараша аныктайм. Мындай божомолдор биздин жергиликтүү аналитиктердин гана ойлорунун негизинде пайда болду.

Ушундай эле оюн депутат Ишенбай Кадырбеков да айтты. Анын пикири боюнча, «Атамекен» жана «Арнамыс» партиялары биригип Феликс Куловду президенттикке көрсөтүп жаткандан кийин башка талапкер тууралуу сөз болушу мүмкүн эмес.

- Менин оюмча, “АКШга барган саясатчылар анын кеңешине кириши мүмкүн” дешкени - бул тек гана имиш кеп, - дейт Ишенбай Кадырбеков. - Себеби, ал логикага сыйбайт. АКШга «Арнамыс» жана «Атамекен» партияларынын лидерлери баратат. Бул эки партия биригип, “Феликс Куловду президенттикке алып чыгалы” деген чечимге келишкен. Демек, АКШнын саясатчыларынын алдында Куловдун бедели түшө элек, баасы баягы эле калыбында турат. Кыргыз конституциясында да Куловдун президенттик шайлоого катышышына тоскоол болчу жобо жок. Андан тышкары, Жогорку Сот Куловдун соттолушу боюнча берилген арыздын аягына чыга элек. Жогорку Сот эмдиги жылы ар кандай саясий оюндарга байланыштуу Куловду актаган чечим чыгарып коюшу да толук мүмкүн. Демек, Куловдун шайлоого катышууга мүмкүнчүлүгү бар.

КЫРГЫЗСТАНДА БЮРОКРАТИЯ КҮЧ АЛУУДА

Кыргызстандын жетекчилиги бюрократиянын таасирин азайтуу максатында бийликтин ар кайсы тепкичинде штат кыскартуулар жүргөнүн жарыялоодо. Бирок, ошол эле кезде чиновниктердин санын көбөйтүүчү жаңы борбордук органдар тынымсыз түзүлүп жатат.

Акыркы жылдарда эле Кыргызстанда 5-6 борбордук орган түзүлдү. Алардын эң акыркылары электр энергетикасы жана туризм боюнча президенттин атайын өкүлдөрү катары кирген жаңы кызматтар болду. Бул атайын өкүлдөр албетте, өз аппараттарын түзүп, ага кызматкерлерди алууда. Булардан тышкары инвестиция боюнча, Ооганстандын экономикасын калыбына келтирүүгө катышуу боюнча атайын өкүлдөр, алардын катчылыктары бар. Ал эми сырттан инвестиция тартуу ишин президенттин атайын өкүлү менен катар Мамлекеттик мүлктү башкаруу жана тышкы инвестицияларды тартуу боюнча мамлекеттик комитет да жүргүзөт.

Демократиялык коопсуздук боюнча коомдук кеңештин, Адилет башкаруу боюнча улуттук кеңештин түзүлгөнү да бюрократиянын күч алышына алып келээри айкын болууда. Маселен, Адилет башкаруу боюнча улуттук кеңештин алдында атайын катчылык түзүлгөн, анын алдында өз эксперттери бар. Эми жакында Маалымат ресурстары жана технологиясы боюнча мамлекеттик агенттик түзүлмөкчү. Булар - Кыргызстанда акыркы кезде пайда болгон ырасмий бийлик органдары. Өкмөт болсо министрликтердин иш милдеттерин тактап, кызматкерлердин санын кыскартып, “алар бири-бирин кайталабасын” дегендей саясат жүргүзүүдө. Бирок ошого карабай эгемендүүлүк доорунда чиновниктердин саны кескин өсүп кеткен.

Орусиянын Илимдер академиясынын окумуштуусу Станислав Жуковдун маалыматы боюнча, 1991-жылы Кыргызстандын башкаруу органдарында 36600 адам иштесе, 2002-жылы алардын саны 75800 кишиге жеткен. Ал эми Кыргызстандын Улуттук статистикалык комитетинин маалыматы боюнча, Кыргызстандын башкаруу органдарында иштегендердин саны 1999-жылы 63000 киши болсо, 2002-жылы алардын саны 66300 кишиге чейин өскөн.

Президенттик администрациянын уюштуруу иштери боюнча бөлүм башчысынын биринчи орун басары Олег Журавлев бюрократияны азайтуу саясаты менен жаңы органдардын түзүлүшүнүн ортосунда карама-каршылык жок экенин белгилеп, бирок аны түшүндүрүп берүүдөн баш тартты. Ал эми президенттик администрациянын мамлекеттик кызмат секторунун жетекчиси Асылбек Болотбаев түзүлүп жаткан уюмдар сунуш берүүчү кеңештер экенин белгиледи.

- Булар консультативдик кеңештер. Аларда кеңешүү жүрөт. Өз аппараттары жок, - деди ал.

Ал эми оппозициячыл саясатчы, Жогорку Кеңештин Эл өкүлдөр жыйынынын депутаты Исхак Масалиев “жаңы органдарды түзүү бюрократияны азайтуу саясатына карама-каршы келет” деп эсептейт.

- Толук карама-каршылык болуп жатат, - дейт Исхак Масалиев. -Президенттин айланасында бир топ адамдар бар. Алардын ар бирине кызмат керек. Кызмат жаңы структураларды түзүү менен берилүүдө. Өкмөт, Жогорку Кеңеш, президент жакшы иштей албаса, ишти аягына чыгара албаса, ушуга окшогон структураларды түзө берет. Андай структураларга шарт түзүлөт, айлык, машина, кабинет берилет.-

Исхак Масалиевдин көз карашында, бюджеттин тартыштагы 700 млн. сомдон ашып турганда кошумча органдарды түзүүнүн эч кандай зарылчылыгы жок. Анын айтымында, бийлик органдарына жумшалган каражаттын көлөмү өсүүдө. Маселен, былтыр президенттик администрация, өкмөт жана Жогорку Кеңеш бюджетте белгиленгенден 100 млн. сом ашыкча чыгымдашкан.

ЕВРОБИРИМДИК АЙРЫ ЖОЛДО...

Еврокомиссиянын төрагасы Романо Проди эскерткенге караганда, Европа Биримдигинин алдында эки жол турат: Биримдиктин жаңы конституциясын бекитүү же болбосо уюмга мүчө өлкөлөрдүн бир тобунун ылдам интеграциялануу жараяны. Евробиримдиктин азыркы төрагасы, Ирландиянын премьер-министри Берти Ахерн ширкеттин мүчөлөрү интеграциялануу деңгээли боюнча бөлүнүшүн жактабады.

6-январь күнү Евробиримдиктин аткаруу комитети- Еврокомиссиянын төрагасы Романо Проди биримдиктин келечеги тууралуу бир кыйла опурталдуу пикирин айтты.
Анын көз карашында, Биримдиктин жаңы конституциясы бекитилбей калгандан кийин, анын ар бир беренесин макулдашып отургандан көрө, уюмдун алкагындагы кызматташууну жакшыртуу шарт. Ушундан келди, Биримдиктин “уюткусу” эсептелген өлкөлөрдүн интеграциялануусун ылдамдатуу боюнча Франция менен Германиянын сунушун колдоо керек.
Проди бул билдирүүнү Дублинде Ирландиянын премьер-министри Берти Ахерн менен жолуккандан кийин жасады.

Ирландия - Евробиримдиктин учурдагы төрагасы. Үстүбүздөгү жылдын экинчи жарымында төрагалык Нидерландияга өтөт.
Романо Проди:

- Биз жалпы жыйынтыкка келүү үчүн төрагалыктын бир мөөнөтү аяктаганча эмес, бир жыл бою чогуу аракеттенишибиз абзел. Ага жарабасак, андан ары күтө албайбыз. Бул белгилүү. Биз Европаны токтото албайбыз. Ушу тапта кайсы бир өлкө, билбейм кайсы өлкө экенин, үлгү көрсөтүш керек. Себеби, Европа ар убак өтө жай кыймылдаган вагон өңдүү жүрө албайт.

Берти Ахерн бир нече күн мурун Евробиримдиктин негизги сүрөөчүлөрү болгон Германия менен Франциянын “эки ырааттуу интеграциялоо” жөнүндөгү сунушу “уюмду жикке бөлүп, ширкеттин жаңы конституциясынын тегерегиндеги талашты жөндөөгө жардамдашпайт” деген пикирин билдирген эле.

Ахерн шейшемби күнү Продиге ачык каяша айтпастан, “Еврокомиссиянын төрагасы эмне себептен улам тынчсызданып атканын түшүнөм” деп, жылма сүйлөдү. Бирок, ал конституция боюнча сүйлөшүүлөрдү улантуу үчүн бар жан аябай иштейм деди:

- Биздин өлкө төрага болуп турганда, маселени оң чечкенге тырышабыз. Кеңири консенсуска жетишип, алга жыла алабызбы, көрө жатарбыз. Мен Продинин айткан сөзүнүн төркүнүн түшүндүм. Биз быйыл ийгиликке жетпесек, адамдар башка жолду издей башташат. Келечек үчүн биз алга чогуу жүрүшүбүз шарт. Ошон үчүн, биз төрагалык кылып жаткан мезгилде, конституция боюнча мунасага жеткенге умтулабыз.

Ирландиянын өкмөт башчысынын айтышынча, анын өлкөсү Евробиримдиктин азыркы жана жаңы мүчөлөрү менен конституция боюнча ырасмий эмес сүйлөшүүлөрдү өткөрүүдө.
Сүйлөшүүнүн жыйынтыгы биримдиктин мартта Брюсселде өтчү жыйынында белгилүү болот.

Евробиримдиктин көпчүлүк ырасмий адамдары “Берти Ахерн канча далбас урбасын, жарым жыл ичинде анча көп иш жасай албайт” дешет. Анткени, Ирландия, баарынын мурда, уюмга жаңы өлкөлөрдүн өтүүсүнө байланышкан иштер менен алек болот. 1-майда биримдикке он өлкө ырасмий түрдө кошулат.

Уюмдун 2007-2013-жылдардагы бюджетин талкуулоо учурунда да көп келишпестиктер болору шексиз. Талдоочулардын айтымында, Евробиримдиктин бюджетинин “олчойгон бөлүгүн көтөргөн” Германия каржы маселесин жаңы конституция менен байланышта кароону сунуш кылышы мүмкүн.

Ал эми “добуш берүү өзгөрүүсүз калсын” дешип, Франция жана Германиянын конституция боюнча сунушуна каршы турган Польша менен Испаниянын бюджеттен бөлүнчү каражатка болгон үмүтү чоң.

СЕРБИЯНЫН САЯСИЙ КЕЛЕЧЕГИ КАНДАЙ БОЛОТ?

Эми Балкандагы саясий окуяларга кайрылабыз. Сербиянын саясий партиялары жаңы өкмөт куруу боюнча сүйлөшүүлөрдү башташты. Эксперттер бул процесс созулуп кетиши мүмкүн экенин белгилеп жатышат. Айрымдары болсо сүйлөшүүлөр натыйжа бербей, дагы бир жолу жалпы шайлоо өткөрүлүшү ажеп эмес дешүүдө.

Сербияда парламенттик шайлоо өткөрүлгөнүнө эки жумадай убакыт болсо да, өлкөнүн саясий келечеги жөнүндө азырынча так картина түзүлө элек.

Апта башында Сербиянын демократиялык партиясынын лидери, экс-президент Воислав Коштуница улуттук биримдик өкмөтүн түзүү демилгеси менен чыкты. Коштуница ал парламентке кирген бардык күчтөр менен, анын ичинде Радикалдар жана Социалисттер партиялары менен сүйлөшүүлөргө даяр экенин белгиледи:

- Сербиянын демократиялык партиясы жаңы кабинет куруу боюнча консультацияларды баштады. Биз парламентте өкүлчүлүктөрү бар бардык партиялар менен баарлашууга даяр экенибизди кошумчалай кетет элем. Талкуулар аяктамайынча жана бир макулдашууга жетишилмейинче, алардын мазмуну боюнча комментарий берилбейт.

Радикалдар менен Социалисттердин жетекчилери Воислав Шешель жана Слободан Милошевич согуш кылмыштары үчүн айыпталып, ушу тапта Гаага трибуналында сурак берип жатышат.
Маалым болгондой, өткөн жылдын этегинде өткөрүлгөн добуш берүүнүн натыйжасында ультраулутчул позициядагы Радикалдар партиясы элдин эң көп колдоосун алган. Алар парламенттеги орундардын үчтөн бир бөлүгүн ээлөөгө жетишсе да, жаңы өкмөт куруу укугуна ээ боло алышкан жок.

Воислав Коштуница жаңы түзүлө турган өкмөттүн эң башкы приоритети катары Сербиянын жаңы Конституциясын иштеп чыгуу менен өлкөдөгү саясий стабилдүүлүктү камсыздоону эсептээрин билдирди. Азыркы баш мыйзам Милошевичтин авторитардык башкаруу доорунан калган.

- Бардык күчтөрдөн куралган өкмөт – Конституция маселесин чечүүнүн бир жолу. Жаңы конституцияны кабыл алыш үчүн жөнөкөй парламенттик көпчүлүк жетиштүү эмес. Баш мыйзамдын иштеп кетүүсүн кааласак, анда консенсус керек. Конституциянын иштелип чыгышы туруктуулукка алып келет. Ушул себептен мен бардык партиялардан турган өкмөт түзүү мүмкүнчүлүгү жөнүндө сөз кылып жатам, - деди Коштуница.

Бирок көпчүлүк партиялар, алардын ичинде Радикалдар да, экс-президенттин мындай сунушун дароо четке кагышты. Реформачыл Демократиялык партия болсо Коштуницанын сценарийи кабыл алынса, анда 90-жылдарда Сербияны согушка алып келген эки партия кайрадан бийликке келет деп, окуялардын мындай өнүгүшүнө макул эместигин ырастады.

Реформачыл төрт партия, негизинде, коалициялык өкмөт кура алышат. Бирок көпчүлүк эксперттер менен саясий байкоочулар 2000-жылы Милошевичти бийликтен кетирген күчтөрдүн эми кайнаса каны кошулбайт дешүүдө. Реформачыл же Батышчыл партиялардын идеологиялык айырмачылыктары менен жеке антагонизминен улам, былтыр мартта коалиция ыдыраган, декабрда болсо алардын өз ара араздашуулары Радикалдардын шайлоодо жеңип чыгышына өбөлгө түздү.

Коштуница саясий партиялар орток пикирге келе алышпаса, анда дагы бир шайлоо өткөрүү зарыл болуп калышы ыктымал деген оюн да ортого салды.
Лильяна Бацевич Белграддагы Коомдук пикирди изилдөө борборунун директору. Ал Коштуницанын кооптонуусу түшүнүктүү деп эсептейт. Анткени дагы бир шайлоо өткөрүлсө, анда анын партиясы азыркыдан да аз добуш алып калышы ажеп эмес:

- Коштуница менен либералдардын Ж17Плюс партиялары үчүн кандай болбосун өкмөт түзүү менен парламенттеги азыркы орундарын кармап калуу – эң жакшы жол. Дагы бир добуш берүү болсо, алар мындан да аз колдоо алып, мандаттарынан кол жууп калышы ыктымал. Ушул себептен улам, менимче, Сербиянын демократиялык партиясы менен либералдар өкмөт курууга жан талашып жатышат.

Аталган эки партия апта башында өз ара сүйлөшүүлөрдү өткөрүшүп, орток пикир таба алышканы маалымдалды. Арийне, Коштуницанын Сербиянын башка негизги саясий оюнчулары менен талкуулары оңой-олтоң боло калбайт. Ошентсе да, шаршемби күнү кечинде Сербиянын демократиялык партиясы менен анын негизги атаандашы Демократиялык партиянын лидерлери өздөрүнүн алгачкы расмий консултациясына чогулушту.

Радикалдардын шайлоодогу жеңишин кабатырлануу менен кабыл алган Европа Биримдиги Сербиянын демократиялык турумдагы күчтөрүнө кайрылып, кепке келишүүгө чакырган эле. Жергиликтүү аналитиктер, балким, эл аралык кысым алдында демократтар чындап эле бир макулдашууга жетиши ыктымал деп жоромол кылышууда.

ИРАКТАГЫ АКЫРКЫ АБАЛ: ЖАҢЫ ЧАБУУЛ

Нарын АЙЫП, Прага Ирактагы куралдуу кагылышуулар уланууда, 7-январда Багдаддын алдындагы америкалык аскерий базага чабуул жасалгандан 35 солдат жараат алып, алардын бири кийин ооруканада каза болду. Ирактыктардын көңүлүн алуу үчүн болсо, америкалык жетекчилик туткунга түшкөн кээ бир жоокерлерди бошотууга киришти.

7-январда эртең менен Багдад шаарынын түндүк-батыш жагындагы амеркиалык базага минотеттон алты чабуул жасалган. Минанын баары аскерлер уктап жаткан казармага тийген, натыйжада бир солдат курман болуп, 34 адам жарат алды. Киркук шаарынын полиция башчысы Туран Юсуфтун айтымында, ошол эле күнү куралчандар шаардын мунай компаниясына чабуул жасагандан бир күзөтчү курман болуп, дагы үчөө жарат алды. Ошол эле Киркук шаарында белгисиздер Күрдистан социалисттик партиясынын кеңсесине граната ыргыткандан бир адам жарадар болду. Ирак согушу аяктады деп жарыяланган 1-майдан бери өлкөдө 216 америкалык жана 53 британиялык солдат курман болду.

Мындай чабуулдарды жасаган согушкерлерди таап, жок кылуу аракетинде коалициялык күчтөр да ар башка операция даярдап, аларды ишке ашырууда жана акыркы апталарда ондогон жоокер кармалды. Бирок кээде бейкүнөө адамдар да курман болууда. Мисал үчүн, 6-январда Фаллужа шаарында 37 жаштагы Хасан аттуу жигит жана анын 28 жаштагы жубайы Сузам Омар бейкүнөө ажал тапты. Окуяны көргөндөрдүн айтымында, алардын үйүн коалициялык аскерлердин танкы 200 метирден атып салган. Тамдын эки дубалы урап түшкөндөн, эрди-катын курман болду, башка бөлмөдө уктап жатып тирүү калган алардын беш баласы жетим калды.

Ушу сыяктуу окуяны көргөн жергиликтүү тургундар арасында америкалык аскерлерге каршы маанай күчөөдө. Оккупациялык аскерлер менен жергиликтүү калк ортосундагы мамилени оңдоп, кызматташууну күчөтүү максатында, туткунга түшкөн кээ бир ирактык жоокерлерди бошотуу чечими кабыл алынды. Ирактын убактылуу америкалык башкаруучусу Пол Бремер 7-январда Багдадда маалымат жыйынын өткөрүп, ал тууралуу атайын жарыялады: "Ирактыктар өз жердештери менен жаңы мамиле түзүшү үчүн бүгүн биз жүздөгөн туткундун бошотулушу тууралуу жарыялайбыз. Алар өз үй-бүлөлөрүнө жана досторуна кайтып бара алат. Эртең биринчи 100 туткун бошотулат".

Бардыгы болуп азыр америкалык аскерлердин колунда 12 миң 800 ирактык туткун бар, жакын арада алардын беш жүз алтысы бошотулат. Эркиндикке чыга тургандар менен атайын сүйлөшүү жүргүзүлүп, алардан жаңы бийликке жана америкалык башкаруучулукка колдоо көрсөтүү тууралуу убада алынууда. Аны менен катар, эски режимдин колго түшө элек кызматкерлерин кармап берүүгө көмөктөшкөндөр үчүн жаңы сыйлык берүү программасы түзүлдү. Ал жөнүндө Бремер өзү жарыялады: "Биз сыйлык программасын да жарыялайбыз. Иззат Ибрагим ад-Дурини кармоого алып келе турган маалымат үчүн, же ал өлгөнү тууралуу так кабар берген адамга 10 миллион доллар сыйлык ыйгарылат. Биздин кара тизмебизге кирген дагы 12 адамдын ар бири үчүн бир миллиондон сыйлык берилет".

Ирак согушу башталганда америкалыктар 55 адамдан турган тизме жарыялаган, алардын кырк экиси кармалган, 13 декабрда болсо америкалык аскерлер мурдагы президент Саддам Хусейнди дагы колго түшүрдү. Андан тышкары, дагы 30 адамдан турган жаңы тизме түзүлдү жана алардын ар биринин башы үчүн 50 миңден 200 миң доларга чейин сыйлык жарыяланды.

ИРАН БАЙТАКТЫСЫН БАШКА ШААРГА КӨЧҮРӨБҮ?

Иранда өлкөнүн борборун Тегерандан башка шаарга көчүрүү маселеси астейдил карала баштады. Ирандын телеканалы аркылуу чыгып сүйлөп, улуттук жогорку коопсуздук кеңешинин башчысы Хасан Рохани Бамдагы зилзаладан соң өкмөт бул планга чындап көңүл бурганга аргасыз болгонун моюнга алды. Жергиликтүү эксперттердин эсептеринде, борборду Тегерандан башка шаарга которуу үчүн бери эле дегенде жыйырма жылдай убакыт керек болот.

Хасан Рохани болочокто борбор шаар болгону кайсы калаанын талапкерлиги каралып жатканын айткан жок. Бирок байкоочулар арасында буга Исфахан баарынан ылайыктуу деген пикирлер айтылууда. Исфахан 1788-жылга чейин Ирандын байтак шаары болуп турган. Борборду Тегерандан башка калаага которуу идеясы болсо мындан чейрек кылымдай илгери пайда болуп, 1991-жылы өкмөттүк деңгээлде талкууланган. Бирок мамлекеттик бир катар органдардын каршылыгынан улам бу план күн тартибинен алынып калган. Бамдагы зилзала эми Иранда көптөрдүн көзүн ачкандай болду. Мындан жыйырма жыл илгери Тегерандын жана анын жака-бакасындагы райондордун сейсмикалык жагдайын иликтеп чыгып, атайын эмгек жарыялаган профессор Мануэл Бербериан борбор калаа жер алдындагы чоң жараканын огунда жайгашканын аныктаган. Бербериан 1976-жылы Кытайда Тангшандагы зилзаладан болжол боюнча жарым миллиондой адам кыргын тапканын эске салды. Он эки миллиондон ашуун калкы бар Тегеранда эмне болорун ким билет, деп айтты ал. Муну болжолдош оңой, бирок иш жүзүндө бу анык кыямат кайым болмок.

Тегеранга бир ирет, 1830-жылы ушундай апаат келген. Ошондогу зилзилада 45 миңдей киши кырылган. Тегеран университетинин профессору Бахрам Акашехтын эсептеринде, борбор шаарда Рихтер өлчөмү боюнча алты-жети баллга жете жер титиреши толук мүмкүн. Эгер кокус Тегеранда Бамдагыдай зилзала болсо, шаар өзү өлүм-житимге көмүлүп калышы ыктымал, деп кошумчалады Акашех. Япониядагы эл аралык кызматташтык агенттиги жети баллга жеткен жер титрөөдөн Тегерандын 80, ал эми ирандык адистер – дээрлик 90 проценти кыйрап каларын болжолдошот.

Профессор Акашех президент Мохаммад Хатамиге атайын кат жазып, борборду өлкөнүн ортоңку райондоруна көчүрүүнү сунуш кылды. Бу пикирди профессор Бербериан жөн көргөн жок. Биринчиден, бул иш өтө кыйын жана кымбат. Экинчиден, элеттеги Табриз, Машад, Шираз же башка кайсы шаар болбосун, Тегерандан эч кандай артыкчылыгы жок, анткени бүткүл Ирандын өзү сейсмикалык активдүү зонада турат. Бербериан эң дурус жол деп Тегерандагы имараттарды, айрыкча коомдук жайларды инженердик жактан бекемдөөнү эсептейт. Профессор Акашех болсо мындай шартта шаардагы имараттарды түгөл кайра куруп чыкканга туура келет деген көз карашта. Бу дегеле мүмкүн эмес. Кымбат жана кыйын болсо да борборду акырындап көчүрө берүү зарыл, ошондо гана, Акашехтин ишениминде, Тегеранды күтүүсүз кыяматтан сактап калганга болот.

Өкмөттүн өкүлү Рамезанзаде шаарда олуттуу иштер жасалып жатканын, айрыкча табигый газ куурларынын коопсуздугун камсыз кылуу иштери башталганын кабарлады. Бирок Тегеранды зилзаладан толук коопсуз жайга айлантуу үчүн али көп убакыт керек, деп кошумчалады өкмөт өкүлү.

ПАКИСТАН МЕНЕН ИНДИЯНЫН ДИАЛОГУ КАШМИР МАСЕЛЕСИН ЧЕЧЕ АЛАБЫ?

Шейшембиде Индия менен Пакистан ортодогу бардык маселелерди, анын ичинде талаштуу Кашмир провинциясы боюнча чатакты чечүү үчүн кеңири диалогду баштоого макулдашышты.

Түштүк Азия өлкөлөр Ассоциациясынын Исламабадда өткөн саммитинин жыйынтыктоочу күнүндө Индия менен Пакистан өкмөттөрү эмки айда эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү баштоого ниеттенип жатышканын билдиришти.

Индиянын тышкы иштер министри Жасвант Сингх баарлашуулар тынчтык келишимине жана Кашмир чатагынын эки өлкөнү тең канааттандырган таризде чечилүүсүнө алып келет деген ишенимин билдирди:

- Көп маселелер талкуулана турган сүйлөшүүлөрдү 2004-жылдын февралында баштоо жөнүндө макулдаштык. Анын деталдары такталууга тийиш.

Исламабад менен Делинин биргелешкен билдирүүсүндө диалогду баштап, аны үзгүлтүксүз улантыш үчүн зомбулук, кастык жана терроризмге жол бербеш керектигине Индиянын премьер-министри басым жасаганы белгиленет.

Пакистандын президенти Первез Мушарраф болсо анын өлкөсүнүн аймагынын терроризмди колдоого пайдаланылышына эч качан жол бербей турганына Индиянын премьери Атал Бехари Важпайиге сөз берди.

“Бул – жолдун башаты. Анын аягына чыга элекпиз. Бул билдирүү - жакшы башталыш гана.

Пакистандын мамлекет башчысы ошондой эле чек арадагы терроризм менен күрөшүү жолунан тайбай турганын ырастады:

Пакистан алга жылуу үчүн өзүнүн ролун чын жүрөктөн жана зор ниети менен аткарат.

Исламабад өкмөт башчысы Зафарулла Хан дагы Важпайи менен кезигишүүсү тынчтык жараяны үчүн илгерилетчү кадам жасалaарына ишеним пайда кылганын белгиледи:

- Менимче, биз азыр алга жылууга жетише алабыз. Буга чейин эки өлкөнүн мамилелерин коштоп келген ирээнжитчү саясий кырдаал артта калтырылышы керек.

Жамалинин пикиринде, Түштүк Азия ассоциациясына кирген өлкөлөрдүн чөлкөмдүк интеграциясы Пакистан менен Индия ортосундагы тынчтыкка байланыштуу болмокчу.

Аналитиктер эки тарап Индиянын премьери былтыр апрель айында баштаган достук кадамдарына Исламабад оң жооп бергенден тартып жакындаша баштады деп эсептешет.

Жакында Мушарраф “Кашмирдин Индияга караган бөлүгүндө эгемендик боюнча референдум өткөрүлсүн” деген Пакистандын жылдар бою коюп келген талабынан баш тартты.

Исламабад өкмөтү Кашмирдеги чек ара тилкесиндеги ок атышууну токтотуу чечимин кабыл алды.

Делилик аналитик Субраманая Чандрасехаран Индия өкмөтүнүн соңку билдирүүсү Исламабаддын демилгелерине жооп катары кабыл алынаарын айтат.

Ошол эле мезгилде эксперт тынчтык сүйлөшүүлөрүн баштоо менен Кашмир маселеси чечилип калбайт деген пикирде:

- Маалымдоо каражаттары бул окуяны бир аз эйфорияга алдырып чагылдырууда. Коомчулук да бул окукялардын кандай өнүгөөрүн кылдат байкоого алууда. Баарлашуулар кандай жыйынтыкка алып келээрин азырынча айтуу эртелик кылат. Азыркы баскычта, эң негизгиси, өз ара ишенүү атмосферасын түзүү аракети көрүлдү. Пакистандыктардын аң сезиминде индиялыктарга карата маанай өзгөрдүбү, же бул жөн гана үстүрт жымсалдама иш-чарабы? Аны баса көрөөрбүз.

Адистердин оюнча, Индия менен Пакситандын мамилелринин жакшырышы расмий Исламабаддын террорго каршы күрөшүүгө огожо болоору шексиз.

ИСЛАМАБАД УБАДАСЫНДА БЕК ТУРААРЫН ДАЛИЛДӨӨДӨ

Баян Жумакадыр кызы, Прага 8-январда Пакистан өлкөнүн Түштүк Вазиристан чөлкөмүндө ири аскердик операцияны баштады. Жоон топ тикучактар менен жөө аскерлер бул чөлкөмдө жашынган Талибан жана “ал–Кайида” согушкерлеринин калдыктарын жок кылууну көздөп жатышат.

Бейшемби күнү таңкы саат үчтө Пакистандын аскерлери бийик тоолуу Түштүк Вазиристандын Азам Варзак деген чөлкөмүндө ири аскердик операцияны башташты. 20 чакты тикучак террорчулардын ана башчысы Усама Бин Ладен жетектеген “ал–Кайида” жана Ооганстандын Талибан режиминин калдыктары бекинген деп шектелген жерлерди бомбалап, жөө аскерлер чөлкөмдөгү шектүү объекттерге чабуул койушту. Чөлкөмдө чачкын баш бааналаган “ал–Кайидачылары” мененТалибан согушкерлери шашылыш кайра топтолууга аракеттенип жатышканы маалымдалууда.

Тынч жаткан калкты бөөдө өлүмдөн каластаган солдаттар рупорлор менен көчө кыдырып, элден үйлөрүн таштап кетүүсүн талап кылып жатышты. Шаршемби күнү болсо Азам Варзактагы айыл-кыштактардын үстүнөн учкан америкалык тикучактар жергиликтүү калкты бийликтер менен кызматташканга чакырган баракчаларды ташташты. Анда Пакистан өкмөтү калкты эл ичинде жашынып жүргөн шектүү чоочун кишилердин баарын бийликтерге өткөрүп берүүгө үндөгөн.

Бул - Пакистандын Ооганстан менен чектеш тоолуу чөлкөмдө акыркы 3 айдын ичинде өткөргөн экинчи ири антитеррордук операциясы. Октябрь айында Пакистан аскерлери бул жерде жашынган чет элдик куралдуу топторго чабуул койуп, “ал–Кайиданын” 8 согушкерин жок кылып, 18ин колго түшүрүшкөн. Салгалышууда, ошондой эле, пакистандык 2 солдат мерт болгон. Талибан режими бийликтен кулатылган 2001-жылдын декабрь айынан бери Пакистан, баары болуп, 500дөй шектүү согушкерди колго түшүрүп, эл аралык антитеррордук коалициянын башчысы АКШга өткөрүп берди. Колго түшкөндөрдүн ичинде “ал–Кайиданын” жетекчилеринин бири - Калил Шайх Мухаммед да бар. Аны Пакистандын коопсуздук күчтөрү өткөн мартта Исламабаддан алыс эмес жерде кармашкан.

Ооганстандын Пактика провинциясы менен чектешкен Түштүк Вазиристан - “ал–Кайида” террорчулары менен Талибан согушкерлеринин негизги баш баанасы. Жергиликтүү уруулардын колдоосуна ээ оогандык куралчан келгиндер бул чөлкөмдө өзүлөрүн дээрлик ээн-эркин сезишет. Ооганстандын Пакистанга чектеш жерлеринде жайгашкан америкалык аскерлерге жана аскердик объекттерге капыл-тапыл кол салган соң, согушкерлер чек арадан өтүп, Пакистандын тоолуу аймактары менен айыл-кыштактарына сиңип жок болушат. Аларга каршы таасирдүү чара колдоно албагандыгы үчүн Пакистандын өкмөтү АКШ менен Ооганстандын катуу жемесине калып келет. Бирок расмий Исламабад мамлекеттик чек араны тыкан көзөмөлгө алуу үчүн колдон келген бардык чараларды жасап жаткандыгын кайталоодо. Пакистан өкмөтүнүн беймаалым калууну каалаган өкүлү бейшембиде “Ассошиейтед Пресс” кабар агенттигине берген маалыматында, азыркы аскердик операция Азам-Варзактын уруу башчыларынан жашыруун маалыматтар келип түшкөндөн кийин башталганын айткан. Мындан бир нече күн мурда уруу башчылары чалгындоо кызматына Азам Варзакта бир топ куралчан чоочун адамдар пайда болгондугун кабарлашкан экен. “Ассошиейтед Пресстин” Пакистандын чалгындоо кызматына шилтеме берип, билдиргенине караганда, адегенде Пакистан бийликтери чоочун адамдардан кан төгүүсүз багынып берүүнү талап кылышкан, куралчандар мойун сунбаган соң, чабуулга өтүүнү чечишкен.

Пакистандын Түштүк Вазиристан чөлкөмүндө “ал–Кайида” террорчуларынын ана башчысы Усама Бин Ладендин да узак убакыт бою баш бааналаганы шектелип келген. Бин Ладендин "ал-Жазира" телеканалы аркылуу жакында уктурулган кайрылуусу жана америкалык эксперттердин жыйынтыктары террорчунун дагы эле тирүү экенин айгинеледи. Бин Ладен өз кайрылуусунда дүйнө мусулмандарын каапырларга каршы күрөштү улантууга чакырган.

НАКЕН КАСИЕВ: «КАДР САЯСАТЫНДА СТАБИЛДҮҮЛҮК БОЛУШУН КААЛАЙМ»

Кыяс Молдокасымов, Бишкек 2003-жыл Ош областы үчүн бир топ машакаттуу жыл болду. Жаз айынан тартып жер көчкүлөрдүн алдында ондогон үйлөр калды. Жүздөгөн үйлөр жашоого жараксыз болуп, анда жашаган атуулдар башка жакка көчүрүлдү. Бирок ушундай кырсыктуу окуяларга карабай жыл жакшы жыйынтыктар менен аяктаганы, пахта, тамеки, дан эгиндеринин түшүмү өткөн жылдагыдан жакшы болуп, дыйкандар жаңы жылды жарык маанай менен тосуп алганы тууралуу Ош областынын губернатору Накен Касиев «Азаттыктын» Бишкектеги студиясына келип, кеңири маек куруп берди. Ошондой эле, Накен Касиев учурдагы кадр саясаты, президенттик шайлоого талапкер болуп катышууга ниети барбы-жокпу, Коопсуздук кеңешинин катчысы Мисир Ашыркуловго кол салууну уюштургандардын бири катары шек саноолордун себебине жана башка маселелерге да токтолду.

- Накен Касиевич, сиз жетектеген Ош облусунда 2003-жылдын жыйынтыгы кандай болду?

- Быйылкы жылдын башталышы өзүңүз билесиз бир топ катаал болду. Жыл башы жаанчыл болуп, анын кесепетинен бир топ кырсыктар болду, жер көчтү, андан адамдар да набыт болду. Бирок, «жаман айтпай жакшы жок» дегендей, жылдын аягы жакшы аяктады. Өзүңүз билесиз Ош облусу негизинен агрардык регион. Быйыл айыл чарбада жакшы жетишкендиктер болду. Негизги биздин айыл-чарба продукциябыз бул - пахта. Былтыркы жылга караганда, 3 миң тонна пахтаны көбүрөөк жыйнадык. Андан кийин тамеки. Тамеки былтыркыга караганда миң тоннага көбүрөөк жыйналды. Эң негизгиси алардын баасы да былтыркыга караганда бир топ жогору болду. Пахта, тамеки эккен дыйкандарыбыздын мээнети кайтып, быйыл элдин көңүлү көтөрүңкү, буюрса. Быйыл наныбыз да жаман болгон жок. Негизинен - жылыбыз жакшы аяктады. Үйлөрү көчкүнүн кесепетинен таптакыр жараксыз болуп көчөдө калгандар үй менен да камсыз болду. Бирок, чынында, үйлөрүнөн жарака кетип, коркунучта калган, МЧСтен ссуда ала тургандардын саны али да көп. Ошондой болсо да МЧСке быйыл бөлүнгөн 370 млн. сом каражаттын 300 миллиону Ош облусуна келип, биз аны толугу менен өздөштүрдүк.

- Накен Касиевич, алдыдагы жыл социалдык мобилизациялоонун, же болбосо жакырчылыкты жапырт жоюунун жылы болгону жатат. Ош облусу көпчүлүк иликтөөлөргө караганда, жакырчылык өтө жогорку деңгээлдеги облустардын бири деп эсептелет. Ошол жакырчылыктын кыскарышы облуста кандай жүрүп атат?

- Евробанктын, Бүткүл дүйнөлүк банктын акыркы отчетун карасам, Кыргызстандын калкынын 45% жакырлыктын деңгээлинде жашайт экен. Бирок, чынында, Ош облусунда бул деңгээл бир кыйла жогору. Себеби Ошто ар бир адамга сугат 0,6 сотыхтан гана туура келет. Андан башка демографиялык көрсөткүчтөр да жогору. Ош жергесинин жерден башка байлыгы деле жок. Совет доорунан бери эле ар бир үй-бүлөнүн турмуш деңгээли өтө жогору эмес болчу. Ош облусунда ар бир үй-бүлөдө жок эле дегенде төрттөн, бештен балдары бар. Андай болгондон кийин жакырчылык проблемасы бир топ кыйнап турган убак. Ош облусунда чындыгында бул жогору. Бирок биз үч жыл мурда «2001-жылды жакырчылыкты жоюу жылы» деп жарыялап, бир топ иштерди жасай баштаганбыз. Анан социалдык жактан мобилизация боюнча акыркы үч жылда бир топ иш кылып койдук. Эң негизгиси - элибиз бүгүнкү күнү жакырчылыктан чыгып кетүү ар кимдин өзүнүн колунан келе турганын жана бул реалдуу нерсе экенин түшүнүп калды.
Экинчиден, жакырчылыкты жоё турган бир рычаг бар. Бул - микрокредит жана кредиттерди таратуу, анын жакыр адамдардын колуна тийиши. Эгер 2001-жылы элге таратылган кредиттин жалпы суммасы 503 млн. сомду түзсө, 2002-жылы 750 млн. сомду түздү. Быйылкы жылы болсо Кудай буюрса бир миллиардга жеткирип алдык. Ошондо Ош облусундагы элдин 15% канааттандырган болобуз. Ага карабай областтагы калктын 85% кредитке муктаж. Эң негизгиси, ачык айтканда, биздин арабызда дагы жалкоочулук бар. Биз ошондой адамдарга жалкоолук жакыр турмушка алып келээрин түшүндүрүшүбүз керек. Акыркы жылдарда бизде кандай гана оорулар пайда болбоду – кургак учук, СПИД, баңгилик. Мунун түп тамыры келип эле ошол жакырчылыкка байланган. Ошондуктан мен ойлом, жакырчылыктын деңгээлин тез арада төмөндөтпөсөк, бул келечекте кыргыздын генофондуна балта чаба турган нерсе. Мен ойлойм, жылыбыз жаман аяктаган жок, келечекте дагы үмүтүбүз бар, темпти мындан ары күчөтүп, жакырчылык проблемасын артка чегиндирүүгө бизде мүмкүнчүлүк пайда болуп калды.


- Накен Касиевич, ушул суроону сиз жаңыдан губернатор болуп, иштегениңизге алты ай болгон учурда да бердим эле. Губернаторлор эгерде узак мөөнөткө облусту жетектесе, ошол облуста сөзсүз ийгиликтин жышааны байкалып жаткан сыяктуу. Өткөндө Нарын облусунун губернатору 5 жыл бир орунда отурганы, Баткен облусунун губернатору 4 жыл бир орунда отурганы кадыресе жаңылык катары кабыл алынып, маалымат каражаттарында сөзгө алынды. Бирок, тилекке каршы кадрдык саясатта тез-тез жаңылануу болуп, туруктуулук болбой жатканы тууралуу эксперттер айтып келишет. Бийлик өкүлү катары ушул маселе боюнча сиздин пикириңиз кандай?

- Мен ойлойм, кадрлардын стабилдүү иштеши мурунку заманда деле, азыркы заманга дагы төп келе турган нерсе. Себеби стабилдүүлүк болсо биринчиден, ал губернатор болобу, аким болобу ошол чөлкөмдүн, ошол аймактын ыкы-чыкысынан бери жакшылап билип калат. Экинчиден, баштапкы ишин аягына чыгарышка бүт болгон күч-аракетин жумшайт. Себеби ар кайсы жетекчи өзү баштаган ишинин аягына чыксам деген өзүнүн көңүлүнө түйүп койгон эң негизги максаты бар. Ошондуктан үч, беш жыл деген мөөнөт бул чек болбош керек, колдон келсе андан да көбүрөөк убакыт берсе жакшы болот эле. Бирок, өзүңүз билесиз, рыноктун убагында баарысы батыраак алмашып турган убакыт экен. Ошондой болсо дагы, мен ойлойм ушул кадр саясатында стабилдүүлүк болуп, кадрлардын ишенимдүү иштешине мүмкүнчүлүк бериш керек. Бул министрге, акимге, губернаторго дагы тиешелүү нерсе. Көбүрөөк иштесе үзүрлүү иштейт. Бирок, тилекке каршы, кээде ойлогон ойду кыстаган турмуш жеңип, башакча көрүнүшкө да күбө болуп жатпайбызбы. Негизинен - берген сурооңуз абдан жүйөөлү. Көбүрөөк мүмкүнчүлүк берсе аракети бар, ишке көзү жеткен кадрлардан көбүрөөк, жакшы жыйынтык болот эле.

- Накен Касиевич, угармандарды кызыктырган дагы бир суроо, кээ бир учурларда начар иштеген губернатор кызматтан алынат экен деген сөз эл арасында тарап келсе, айрым учурларда мыкты иштеген, элге кадыр-баркы арткан губернаторду дагы башка ишке которулат экен деген пикир айтыла баштайт. Мына ошолордун арасында сиз дагы барсыз. Соңку мезгилде Накен Касиевичти эртерээк башка кызматка жылдырбасак, кийинки президенттик шайлоодо тоскоол болчудай деген пикирлер жаралып атат. Ушуга кандай карайсыз?

- Мен ойлойм, бул жаңылыш пикир болуш керек. Себеби президенттик кызмат бул өтө бийик, өтө чоң иш. Ага ар ким эле даяр боло албайт. Мисалы, мен ушуга чейин президент болоюн, же өз талапкерлигимди коёюн деп айткан жерим жок. Себеби, бул эң чоң саясий фигура, андыктан бүгүнкү иштеп жаткан Аскар Акаевичтин деңгээлине жетиш үчүн көптөгөн күч-аракет керек жана ал кишинин Кудай берген билими, саясий абройу өтө бийик. Ал эми жана сиз айтып аткан нерсенин баарысын бүт эле аткаминерлер чыгарат. Атайылап сөз таратып, көбүрөөк коомдук пикир түзүш үчүн аракет кылышат. Аны мен жакшы түшүнөм, бул саясий оюн. Өзүңүз билгендей, парламенттик болобу, президенттик болобу шайлоолор жакындап калганда бири-бирине кагыштырып, керек болсо жогорку бийлик менен ортоңку бийликтердин ортосунда от жаккысы келип, башка күчтөрдү дагы кошуп, чагым кылгандар көп. Бул тилекке каршы, мурун деле бар эле, азыр да уланып келатат. Муну биз объективдүү нерсе катары кабыл алып, ошого сабырдуулук менен мамиле кылышыбыз керек.

- Накен Касиевич, бул маселени угармандар алдында дагы бир жолу ачыктап койсок. Сиз өзүңүздүн «Агым» басылмасына жолдогон жообуңузда да ушул маселени ачыктап берген элеңиз. Ал Коопсуздук кеңешинин катчысы Мисир Ашыркуловго кол салууга байланыштуу. Чын эле аталган окуяны сиз менен байланыштырып жатыштын негизи барбы?

- Жакшы болот, бул тууралуу мен гезитке жооп бергем. Андан ашык айтышка менде кошумча нерсе жок. Муну да ойлоп тапкан – аткаминерлер. Ал - саясатчылардын жасаган иши. Себеби бул ойго келбеген, акылга сыйбаган нерсе. Мисир Ашыркулович экөөбүз көп жылдардан бери бирге иштешип келатабыз. Ал киши экөөбүздүн ортобуздан кара мышык эмес, кичинекей кара кыл да өткөн эмес. Экинчиден, мен врач катары өзүмдү чын дитимден адамга жардам бериш үчүн жаралгандай сезем. Ал кишинин өмүрүнө кол салыш деген, биринчиден жогорудан карап турган Кудай талаа бар. Экинчиден, кол салыш үчүн адамда башкача касиет болуш керек. Мен муну терең түшүнөм. Ал эми жанакынын баары айрым саясатчылардын ойлоп тапканы. Андан ашык мен жооп бере албайм. Аны ойлоп тапкандар бар, анын баары билинген. Жалпысынан элибиз, журтубуз түшүнсө керек бул акылга сыйбаган чолок саясатчылардын ойлоп тапкан нерсеси.

- Накен Касиевич, Жаңы жылга карата угармандарга, жалпы кыргыз элине каалоо тилектериңиз.

- Менин жалпы элге кааларым тынччылык, жерибизде, журтчулугубузда аманчылык. Эң негизгиси - экономикабыз чыңдалып, мындан ары турмушубуз алдыга жылсын деген ар бир адамдын ниети бар, чоң ишкерлер дагы, саясатчылар дагы, аткаминерлер дагы. Эң негизгиси калың журтубузда жакшы аракеттер пайда боло баштады. Ошондуктан жаңы жылда ошол тилек аткарылып, элибиздин турмушу оңолсо. Турмуштун оңолушуна менин көзүм жетип калды, бүгүнкү кетип аткан жолубуз туура жол. Элдин турмушу оңолсо, элибизде бакубатчылык болсо. Бирок тилекке каршы көп объективдүү, субъективдүү себептерден турмушубуз азыр оор болуп атат. Бирок ошондой болсо дагы эртеңки күнү бизде жарык болот. Эртеңки күндүн келечеги бар. Мен элиме ошону каалайм. Анан мен өзүм доктур катары ар бир адамга ден-соолук, бакыт таалай.

- Маегиңиз үчүн чоң рахмат.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG