Нарын АЙЫП, Прага Иракта жашаган күрддөр акыркы мезгилде өз алдынча автономия тууралуу көп айта баштады жана 5-январда ал маселени өлкөнүн Башкаруучу кеңеши да карады. Ошол эле күнү күрддөрдүн эки белгилүү саясатчысы - Масуд Барзани жана Жалал Талабанини - Ирактын америкалык башкаручусу Пол Бремер кабыл алды, бирок Вашингтондогу америкалык жетекчилер маселени ирактыктар өздөрү чечүүгө тийиш деп айтууда.
Шейшембиде Түндүк Корея өкмөтү өзөктүк программасын токтотууга даяр экенин билдирди. Өлкөнүн борбордук кабар агенттигинин маалымдашынча, бул олуттуу консенсус үчүн Вашингтон Пхеньянга каршы киргизилген блокаданы жоюп, Түндүк Кореяны терроризмди колдогон мамлекеттердин тизмесинен чыгарууга тийиш. Ошол эле күнү АКШнын бейрасмий делегациясы Пхеньянга жол тартты.
Грузияда АКШда билим алган, жаш жана Батышка көбүрөөк ык тарткан саясатчынын бийликке келишин Маскөө салкын кабыл алды. Эдуард Шеварднадзе ноябрь айында отставкага кеткенден кийин Тбилисинин түндүктөгү күч-кубаттуу коңшусу менен мамилеси оңду-солду чайпалып, тең салмакка келе албай жатат. Михаил Саакашвилинин президенттиги Маскөөнүн Кавказда үстөмөндүгүн сактап калуу далалатына кандай таасир тийгизиши мүмкүн?
Бакыт Аманбаев, Бишкек Бүгүн Бишкекте акыйкатчы Турсунбай Бакир уулу маалымат жыйынын өткөрдү. Акыйкатчы жогорку окуу жайларында паракорлук өсүп жаткандыгын белгилеп, аны жоюш үчүн республикадагы окуу жайлардын санын кыскартып, ректорлордун студенттер тарабынан шайланышын сунуштады. Ошондой эле Турсунбай Бакир уулу Акыйкатчы институту каражаттын жетишсиздигинен өз ишин толук кандуу жүргүзө албай жаткандыгын маалымдады.
Бакыт Аманбаев, Бишкек Январдын он бешине чейин Бишкекте «Арнамыс» партиясынын учурда абакта жаткан жетекчиси Феликс Куловдун камалышына байланыштуу коомдук угуу өтөт. Ага саясий партиялардын, бейөкмөт жана эларалык уюмдардын өкүлдөрү катышат. Жыйында Феликс Куловдун соттолушу жана ага коюлган айыптардын негиздүүлүгү тууралуу сөз болот
HTTP://WWW.RFERL.ORG/NCA/IMAGES/PEOPLE/SAAKASHVILI.JPG Грузияда алдын-ала жарыяланган жыйынтык көрсөткөндөй, жекшембидеги президенттик эрте шайлоодо Михаил Саакашвили олуттуу жеңишке жетишти. Буга чейин эле көз каранды эмес байкоочулар Саакашвили мырзанын жеңээрин божомолдоп жатышкан. Ошентип, өкмөттүн өкүм бийлигинин аркасында атасынан баласына “тактыны мурастаткан” азери вариантынан айырмаланып, грузин варианты Кавказда демократиялык жол менен президентти шайлоого болоорун айгинеледи.
Бүгүн Түштүк Азия кызматташтык ассоциациясынын Исламабад саммити улантылды. Көпчүлүк байкоочулар менен дипломаттар жыйындын өзүнө эмес, Индия менен Пакистан лидерлеринин жеке жолугушуусуна көбүрөөк маани берип жатышат. Айрымдар аны атүгүл тарыхый катары баалап, жарым кылымдан бери касташып келаткан эки өлкөнүн мамилелери эми оңолобу деген үмүттө.
Террордук “ал-Каида” уюмунун жетекчиси Осама бин Ладен мусулмандарды ыйык согушун улантууга чакырды. Анын билдирүүсүн Катардан обого чыгуучу "Aл-Жазира" сателлит телеканалы уктурду. Үн тасманын чынында да номер биринчи террорист деп санаган адамга тийешелүү болгон-болбогону текшерилип жатат.
Дүйшөмбү күнү Акыйкат башкаруу боюнча улуттук кеңештин кезектеги отуруму өттү. Премьер-министр Николай Танаевдин жетекчилиги менен болгон отурумда уюмдун жыл ичинде аткара турган иштери талкууланып, алардын планы кабыл алынды. Ага ылайык Улуттук кеңеш жакынкы эки айда башкаруу системасын реформалоонун стратегиясын иштеп чыга турган болду.
Бакыт Аманбаев, Бишкек Грузиядагы президенттик шайлоого Кыргызстандын оппозициячыл маанайдагы бир катар саясатчылары байкоочу катары катышты. Алар Грузиядагы шайлоо эларалык талапга ылайык адилет өткөндүгүн белгилешип, бул шайлоо системасынан үлгү ала турган көп нерселер бар экендигин маалымдашты. Ал эми Кыргызстандын аткаруу бийлиги Грузиядагы президенттик шайлоого өз байкоочуларын жөнөткөн жок.
HTTP://WWW.RFERL.ORG/NCA/IMAGES/SMALL-MAPS/NEW-AFGHAN-MAP.JPG Бүгүн, жекшембиде, Ооганстандын Лойа Жыргасы өлкөнүн жаңы конституциясын кабыл алды. Саясий жана этностук топтордун өз ара келишүүсү менен кабыл алынган бул баш мыйзам жыйырма жылдан ашуун убакыт бою согуштун, мурдагы жылы кулатылган талиптик режимдин азабын чеккен ооган улутунун жаңы болочогуна мыйзамдык башат болмокчу. Эми быйыл июнь айында өлкөдө президенттик шайлоо өткөрүлүүгө тийиш.
HTTP://WWW.RFERL.ORG/NCA/IMAGES/PEOPLE/SAAKASHVILI.JPG Жекшембиде Грузияда президенттик шайлоо өткөрүлдү. Өлкөнүн Борбордук шайлоо комиссиясынын айтымында, шайлоочулардын жалпы санынын 50 пайыздан ашууну шайлоо чөлкөмдөрүнө келип добуш беришти. Бул – президенттик шайлоону өттү деп жарыялоого мыйзамдык негиз бар дегенди туюнтат. Айрым байкоочулардын бейрасмий жыйынтыгына караганда, ат салышкан беш талапкердин ичинен Михаил Саакашвили басымдуу көпчүлүк добушка ээ болгондой...
Дагы жүктөңүз