Линктер

бейшемби, 18-июль, 2019 Бишкек убактысы 07:22

Саясат

УКРАИНА ЖАҢЫ ПРЕЗИДЕНТИН ШАЙЛАП ЖАТАТ

Алгачкы маалыматтар көргөзгөндөй Украинадагы президенттик шайлоого катышкандардын 84% добуштары саналып бүттү. Азыркы премьер Виктор Янукович ал добуштардын 41%, ал эми оппозициянын лидери Виктор Ющенко 39% алганы айтылууда. Талдоочулар шайлоонун экинчи айлампасы өтүшү ыктымал дешүүдө. Анткени талапкерлердин бири дагы шайлоочулардын 50%тен көп добушун ала алышпайт шекилдүү.

Кээ бир аналитиктер шайлоо тарыхый мааниге ээ болот дешүүдө. Украиндер жаңы мамлекет башчы менен кошо өлкөнүн келечегин тандашууда. Азыркы премьер Виктор Янукович жеңип чыкса, мурдагы советтик жумурият Россия менен салтуу байланыштарын чыңдап, славян кошунасы менен интергациясын уланта бермекчи. Ал эми оппозициянын кандидаты Виктор Ющенко Батышка карай багыт алып, Украинаны Европа биримдигине, НАТОго кошуу багытында иш алып барууга убада кылып келатат.

- Мен элдин урматына арзыган, таза өкмөт башкарган өлкөдө жашагым келет. Журналисттер куугунтукталбаган, мыйзамдар бузулбаган, адам уктуктары урматталган өлкөдө жашагым келет, - деди бүгүн эртең менен Ющенко добуш бергенден кийин.

Ал эми анын негизги атаандашы Янукович өлкөнүн келечегин тандагандыгын айтты:

- Мен Украинанын келечеги үчүн добуш бердим. Анткени балдарыбыздын келечеги биздин колубузда. Ал ишеничтүү колдо болуш керек.

Биринчи эле айлампада жеңип чыгыш үчүн талапкерлер добуштардын 50 пайызын алууга тийиш. Андыктан, Украинанын жаңы президентинин ысымы экинчи турдан кийин гана белгилүү болот деп болжолдонууда.

АКШ менен Евробиримдик шайлоо кампаниясы учурундагы айрым жагдайларга тынчсыздануусун билдирип келишкен эле. 13 жыл илгери көз карандысыздыкка жетишкен Украинада быйылкы ири саясий өнөктүк Россиянын катуу таасири астында өттү. Бир нече күн мурун эле президент Владимир Путин Киевде болуп, Янукович жетектеген өкмөттүн экономикалык жетишкендиктерин кубаттады.

Бүгүн Борбордук шайлоо комиссиясы жайгашкан имарат катуу кайтарууга алынды. Өткөн аптада Ющенконун тарапкерлери өткөргөн митинг майда тартип бузуулар менен коштолгон эле. Оппозициянын талапкери болсо Януковичтин утушун камсыздоо үчүн расмий бийликтер санактарды бурмалоого даярданып жатат деген кине тагып келатат. Ал милицияга кайрылып, шайлоо күнү мыйзамсыз буйруктарга баш ийбөөгө чакырды.

Мурда улуттук банкты, андан кийин өкмөттү башкарып келген Ющенко президент Кучманы бизнесс кландарынын кызыкчылыктарын гана коргойт деп айыптады.

Шайлоонун жүрүшүнө ЕККУнун 600дөй өкүлү байкоо салып турат.

Өткөн аптада АКШнын Мамлекеттик департаментинин басма сөз өкүлү Ричард Баучер шайлоо алдындагы кемчиликтер абдан өкүнүчтүү, бирок өнөктүктү демократиялык стандарттарга ылайык өткөрүүгө кеч эмес деп билдирген эле.

Талапкерлердин эч кимиси жетиштүү добуш ала албай калса 1-2 орунду ээлеген саясатчылар 21-ноябрда экинчи айлампада ат салышат.

АКШда ШАЙЛООНУН СААТЫ ЖАКЫНДООДО

АКШда президенттик шайлоонун сааты жакындоодо. Мамлекет башчылыгына талапкерлердин негизги экөөсү тең штаттарды кыдырып, соңку үгүт иштерин жүргүзүп жатат. "Ал-Каиданын" лидери Усама бин –Ладендин жаңы видеотасмасы көргөзүлгөндөн бери атаандаштардын сөздөрүндө коопсуздук жана террор коркунучуна байланышкан маселелер үстөмдүк кылууда.

Шейшембидеги президенттик шайлоонун жуп алдындагы күндөрдө Жорж Буш да, Жон Керри да жеңиш үчүн чечүүчү роль ойной турган штаттарга көңүл бурууда. Демократиялык партиянын талапкери Жон Керри акыркы 48 сааттын ичинде Висконсин, Айова, Огайо, Мичиган, Флорида штаттарында токтомокчу. Азыркы президент Жорж Буш да добуш берүүнүн жыйынтыгына анчалык көп эмес сандагы шайлоочулар эле таасир көргөзүп коюуучу ушул штаттарда үгүт иштерин күчөткөн. Шайлоо алдындагы акыркы радиокайрылуусунда Жорж Буш террорго каршы согушта Жон Керриге караганда өлкөнү ал жакшы башкарарын угармандардын эсине дагы бир жолу салды:

- Бул шайлоодо террорго каршы согуштун багыты чечилет жана сиздер шейшембиде шайлоо бекеттерине барган кезде муну: мен Американы коргоо, террорго каршы согушта жеңүү үчүн эмне болсо да жасаарымды, мен бул күрөштү жүргүзгөндөрдү ар убак колдоорумду унутпаңыздар.

Катардагы "ал-Жазира" телеканалы 29- октябрда "ал-Каиданын" жолбашчысы Усама бин –Ладендин жаңы видеокайрылуусун көргөзүп, ал америкалыктарга каршы жаңы чабуулдар жасалышы мүмкүн экенин эскерткен болчу. Андыктан АКШ президенттигине талапкерлерге акыркы үгүт иштеринин учурунда ушул жагдайды да эске алууга туура келүүдө. Сенатор Жон Керри ишембидеги сөзүндө бин –Ладендин видеокайрылуусун талапкерлердин бири да саясий максатта пайдаланбаш керектигине токтолду:

- Бул жерде Усама бин –Ладенге жана террорчуларга байланыштуу "демократтар" же "республикачылар" жок экенин дүйнө түшүнүшү керек. Бул жерде бир гана америкалыктар бар. Биз баардыгыбыз бириккенбиз жана аныктаганбыз: биздин террорчуларды издеп, жок кылабыз жана өлкөбүздү, дүйнөнү коопсуз кылабыз.

Бирок Жон Керри Жорж Бушту учурунда, Ооганстанда Усама бин –Ладенди колго түшүрүү мүмкүнчүлүгүн жоготкону үчүн сындоону улантууда:

- Мен айткандай, Усама бин - Ладен жана "ал –Каиада" Тора Бора тоосунда жарга такалган учурунда, аны кармоону бир апта мурун эле бизге каршы согушкан ооган командирлерине тапшыруу жаңылыштык болгон.

Мунун аралыгында, бин –Ладендин кайрылуусунан улам АКШнын Ички коопсуздук боюнча министри Том Ридж алар шайлоо кандайдыр бир терракттар болоору жөнүндө маалымат албаганын билдирип, шайлоочулар добуш берүүгө эч чоочулабастан катыша аларын белгиледи:

- Биз тасма жаңы бирок коркунуч эски экенин түшүнөбүз. Коопсуздукту чыңдоо боюнча аракеттерибиз бүткүл өлкө боюнча, жергиликтүү деңгээлде да жүрүп жатат. Биз бүгүн мурда болуп көрбөгөндөй коопсузбуз.


Коомдук пикирди сурамжылоонун соңку жыйынтыктары болсо, кайрадан 2000-жылдагыдай же жалпы калктын көпчүлүгүнүн добушун албаганы талапкердин жеңиши мамлекет башчысы тандоодо АКШга мүнөздүү болгон система - "шайлоочулар коллегиясынын" добушу менен камсыздалгыдай кырдаал түзүлүшү ыктымал экенин ишара кылууда.

Божомолдорго караганда, бул ирээт добуш берүүгө келген атуулдардын саны мурдагы шайлоолордон жогору болот. Күн мурунтан добуш берүүгө уруксат берилген штаттарда, маселен, добуш берүүгө келгендердин саны мурдагыдан арбын болууда. Бул ирээт бүткүл өлкө боюнча каттоого алынган шайлоочулардын саны да өскөн.

УСАМА БИН ЛАДЕН: АКШга КАРШЫ ДАГЫ ЧАБУУЛ БОЛУШУ МҮМКҮН

Нарын АЙЫП, Прага Катар мамлекетинде жайгашкан "ал-Жазира" сыналгысы 29-октябрда Усама бин Ладендин жаңы видеосун көрсөтттү. "Ал-Каиданын" жетекчиси Америка элине кайрылып, президент Жорж Буш аларды алдап жатканын жана 2-ноябрдагы президенттик шайлоодо ким жеңсе дагы, абал өзгөрбөй турганын билдирди.

Усама бин Ладендин сөзү жазылган видеону "ал-Жазира" сыналгысы 29-октябрда тапкан жана ошол эле күнү кечинде аны обого чыгарган. Анын алдында сыналгынын жетекчилиги видеонун көчүрмөсүн америкалык элчиликке да берген жана АКШ дипломаттары Катар өкмөтүнүн башчысы эмир шейх Хамад бин Халифа ал-Тани менен байланышып, видеону обого чыгарбоону суранган, бирок бин Ладен баары бир сыналгы аркылуу көрсөтүлдү.

Бин Ладен бул видеодо 2001-жылдын 11-сентябрында АКШга каршы көрүлгөн террордук аракеттер анын буйругу менен жасалганын биринчи жолу ачык түрдө мойнуна алды. Анткен менен АКШ жетекчилиги өз саясатын андан бери өзгөртпөгөндүктөн, ага каршы дагы ошондой чабуул жасоого азыр деле себеп жетиштүү, деди бин Ладен: "Мен силерге, Америка элине кайрылып, дагы бир андай чабуул болбосу үчүн эмне кылуу керек экенин жана согуштун себептери менен жыйынтыктарын түшүндүрүп берейин. Коопсуздук ар бир адам үчүн маанилүү жана эркин адамдар андан баш тартпайт. Президент Буш айткандай, биз эркиндикке каршы эмеспиз. Биз эмне үчүн Швецияга чабуул жасабаганыбызды ал кантип түшүндүрөт? Эркин адамдар катары, биз өз элибизди эркиндикке чыгаруу үчүн күрөшүп жатабыз. Силер биздин коопсуздукка коркунуч түзгөнүңөр үчүн биз силердин коопсуздугуңарга тийип жатабыз".

Адан тышкары, бин Ладендин айтымында, 2001-жылдагы чабуулдар эмне үчүн жасалганы тууралуу президент Жорж Буш калп айтып, Америка элин үч жылдан бери алдап келет. Ал чабуулдар, деди бин Ладен, Израил жана аны колдогон АКШ тарабынан мусулмандарга каршы көрүлүп жаткан көптөгөн аракеттерге жооп катары жасалган. 1982-жылы Израил аскерлери Ливандын борбору Бейрут шаарындагы эки мунара имаратты жардырып салганда, мен - мындай мыкаачылыктан биз эмне сезсек, америкалыктар жана израилдиктер дагы ошону сезе тургандай аракет көрүлүүгө тийиш деп чечкем, деди бин Ладен.

Бин Ладен видеодо абдан тың көрүндү, буга чейин ал акыркы жолу ошол эле "ал-Жазира" аркылуу 2003-жылы сентябрда көрсөтүлгөн. Андагы видеодо бин Ладен өзүнүн орун басары Айман ал-Завахри менен тоо арасында сүйлөшүп жүргөнү көрсөтүлгөн. Үстүбүздөгү жылдын апрелинде болсо бир нече араб сыналгысы бин Ладендин үнүн угузган, анда ал Европа мамлекеттерине кайрылып, өз аскерлерин Ирактан үч айдын ичинде чыгарып кетүүнү талап кылган, бирок үч ай өткөндөн кийин бин Ладен ал тууралуу эч нерсе деген жок.

Бин Ладендин сыналгы аркылуу көрсөтүлгөнүнө АКШ президенттигине талапкерлер Буш жана сенатор Жон Керри бирдей мамиле кылды. Буштун айтымында, террорчулар сөзсүз жок кылынат: "Мен ачык айтайын. Душмандар америкалыктарды коркута албайт. Мен ишенем, сенатор Керри дагы аны менен макул болот. Мен Америка элине айтып коеюн, биз бул террорчулар менен согушуп жатабыз жана мен ишенем, биз жеңебиз".

Керринин айтымында дагы бин Ладен жок кылынууга тийиш: "Усама бин Ладенди жана анын террорчуларын жок кылуу ниетинде америкалыктар катары биз биргебиз. Алар жапайылар. Алар кайда болсо дагы жана ал үчүн эмне керек болсо дагы аларды таап, жок кылуу сөзсүз керек экени толук түшүнүктүү".

Анткен менен Буш менен Керри террорчулукка каршы бул согушту кантип жүргүзүү керектиги жөнүндө ар башка пикирде.

ЖЕРГИЛИКТҮҮ БАШКАРУУ РЕФОРМАСЫНЫН 10 ЖЫЛДЫГЫ БЕЛГИЛЕНДИ

Бүгүн Бишкекте жергиликтүү өз алдынча башкаруу реформасынын 10 жылдыгына арналган эл аралык конференция болду. Ага өлкөдөгү жамааттык уюмдардын, Казакстан, Өзбекстан жана Тажикстан мамлекеттеринин, Эл аралык донор уюмдардын Кыргызстандагы өкүлдөрү катышты. Бул жыйында президент Аскар Акаев сөз сүйлөдү.

«Кыргызстанда өз алдынча башкарууну реформалоо жөнүндөгү» жардык 1994-жылдын 18-августунда чыккан. Конференцияда президент Аскар Акаевдин белгилегенине караганда, аталган жардыктын негизинде башталган реформа өз максатына жетти:

- Биз бул реформаны алгачкылардан болуп баштагандыктан, биртоп оорчулуктарды башыбыздан өткөрдүк. Бирок, баштаган ишибиздин аягына чыгып, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өзүбүзгө гана таандык улуттук моделин түзүп, аны ишке киргизе алдык, - деди Акаев.

Президенттин айтымында, Кыргызстан реформаны баштоодо муниципалдык бийликтин маңызын аныктай турган үч жобону жетекчиликке алган. Биринчиден, жергиликтүү башкаруу экилтик (дуализм) принцибин, башкача айтканда, бир эле учурда жергиликтүү жана мамлекеттик кызыкчылыктарды, экинчиден, социалдык багыттуулукту эске алышы керек. «Үчүнчү эң негизги багыт – жергиликтүү маанидеги иштерди башкарууга толук катышууга мүмкүнчүлүк түзүп берүү менен, демократиянын принциптеринин карапайым калкыбыздын күнүмдүк турмушунан орун алышын камсыз кылуу» керек эле.

Акаев ушул үч жобону негиз кылган реформа көмөк көрсөткөн эл аралык уюмдардын да, реформанын тарапкерлеринин да акыбетин кайтарды деп санады. Бул өз кезегинде мыйзамдык-укуктук базанын түптөлүшү, жергиликтүү кеңештердеги шайлоо өнөктүктөрү, шаарлардын толугу менен муниципалдык башкарууга өтүшү, жамааттык уюмдардын, элдик кошундардын пайда болушу өңдүү негизги жемиштерди берди. Эмки максат – реформанын кийинки баскычын ишке ашыруу, дейт Акаев.

Жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн айтымында азыр айыл жерлерин ириде каражаттын жоктугу кыстап турат. Маселен, Чүй районундагы Акбешим айыл өкмөтүнүн башчысы Раира Көчөрова мындай дейт:

- Мисалы, техника баарында эле бар эмес. Жүз кишиден биринде болсо болот, болбосо жок. Техниканы күтүп атып, оптималдык мөөнөт өтүп кетет. Кеч айдап кеч сепкенде жакшы түшүм болбой калат. Ошентип аксап атышат. Ошондуктан, айыл жеринде проблеманын баары акчалай каражатка байланат.

Эл аралык уюмдар бул өңдүү проблемаларды жоюунун жалгыз жолу жергиликтүү бийликке каржылык жактан эркиндик берүү дешет. Ага жараша бул багыттагы реформага колдоо көрсөтүүгө даяр экенин айтып келишет. Аталган реформанын башкы донорлорунун бири - Улуттар Уюмунун өнүгүү программасынын Кыргызстандагы өкүлү Ежи Скуратовичтин пикирине караганда, жергиликтүү бюджетти борбордон ажыратуу алдыда ишке ашыра турган башкы милдеттердин бири.

- Көп иш жасалды, бирок, алдыда дагы көп иштер турат. Айрыкча, каржы-экономикалык децентрализациялоо, жергиликтүү бюджетти калыптоо керек.

Ежи Скуратовичтин айтымында, бул жеңил эмес маселени ишке ашыруу үчүн жарандык коомдун, менчик тармактын жана бийликтин биргелешкен аракети зарыл.

Структуралык өзгөрүүлөр менен тыгыз байланышта ишке аша турган бул реформа оор түйшүктү талап кыларын АКШнын ЮСАИД уюмунун Кыргызстандагы өкүлү Клюс Брайн да белгиледи:

- Өткөөл мезгил оор болору айныксыз. Силер бийлиги жана функциялары кыскарып жатканын билген кайсы тараптан болбосун сиздер каршылыкка кабылышыңар мүмкүн.

Расмий маалыматтарга караганда жергиликтүү өз алдынча башкаруу реформасына ПРООН менен ЮСАИД уюмдарынан тышкары Агахан, Сорос фонддору, Дүйнөлүк Банк, өндүү эл аралык уюмдар колдоо көрсөтүп келатышат.

УКРАИНА ТАНДООСУ: ЮЩЕНКОБУ ЖЕ ЯНУКОВИЧБИ?

31-октябрда Украинада президенттик шайлоо болот. Таймаш негизинен “Биздин Украина” блогунун лидери Виктор Ющенко менен премьер министр Виктор Януковичтин ортосунда жүрүүдө. Ушул кезге чейин эки талапкердин жеңишке жетишүү мүмкүнчүлүгү тең болуп турат.

Борбор Азия мамлекеттеринен, анын ичинде Кыргызстандан айырмаланып Украина эгемендүүлүк доорунда бийлик алмашууну башынан кечирген. 1990-жылдардын башындагы мамлекет жетекчиси Леонид Кравчукту кийинчерээк Леонид Кучма алмаштырган.Кучма Украина Конституциясына ылайык эки жолу президент болуп шайланып, бирок үчүнчү ирет шайлоого баруудан баш тартты. Ошого байланыштуу президенттикке бийлик өкмөт башчы Виктор Януковичтин талапкерлигин колдоп чыкты.

Оппозиция өз кезегинде Виктор Ющенкону көтөрүп чыкты. Булардан сырткары 22 талапкер президенттик шайлоого катышаарын жарыялаган. Бирок алардын бир катарлары өз талапкерлигин алып коюуда.

Байкоочулар Янукович менен Ющенкодон сырткары Украина социалисттеринин лидери Александр Мороз жана коммунисттердин жетекчиси Петр Симоненконун мүмкүнчүлүгү олуттуураак деген пикирде.

Украинадагы шайлоодо Ющенко менен Янукович же оппозиция менен бийлик эле эмес, батыш менен чыгыш же Россия менен АКШ баш болгон Европа күрөшүүдө. Батыш Виктор Ющенкону жактаса, Россия Януковичти колдоодо. Орус президенти Владимир Путиндин октябрь айынын соңундагы Украинага сапары да Януковичти колдоо максатында жасалганын адисттер белгилешүүдө.

31-октябрда Украинанын Кыргызстандагы элчилигинде да добуш берүү участкасы ачылат. Элчиликтен бүгүн алынган маалыматка караганда, бул шайлоо участкасы боюнча 174 шайлоочу тизмеге киргизилген.

Кыргызстанда болсо жалпысынан 1999-жылдагы калк каттоодо 50 миң украин улутундагы кыргыз атуулдары бар экендиги аныкталган. Бирок миграция жана табыйгый өсүштүн жоктугуна байланыштуу азыркы кезде алардын саны 40 миңдин тегерегинде, дейт украиндердин Кыргызстандагы “Берегиня” улуттук уюмунун жетекчиси Владимир Нароза.

Президеттик шайлоо тууралуу Нароза:
- Украинада шайлоо эл аралык нормага ылайык болот деп үмүттөнүп турабыз. Украин калкы өз президентин тандап алаарына ишенебиз.

Конституцияга ылайык Кыргызстанда келерки күздө Украинадагыдай президенттик шайлоо болууга тийиш. Биздин мекенде да ал өлкөдөгүдөй көрүнүш жана айыгышкан атаандашуу болушу мүмкүн, дейт Мыйзам чыгаруу жыйынынын эл аралык байланыштар комитетинин төрагасы Алишер Абдымомунов:

- Масштабы боюнча Украинадагыдай болбосо да ошондой сценарийде, ошондой күчтөр ортосунда бизде да күрөш болот. Мен ойлоймун Украинада оппозициялык күчтөр адилет күрөшүп, жеңишке жетишсе биз үчүн сабак болот эле.

Украинадагы шайлоого “Демократия жана атуулдук коом үчүн” өкмөттүк эмес уюмдарынын коалициясынын президенти Эдил Байсалов Европалык байкоочулар тармагы уюмунун алкагында байкоо жүргүзүүдө. Анын айтымында, бийлик жаштар уюмдарына каршы коркутуу иштерин жүргүзүүдө. Оппозициянын негизги талапкери Ющенко ууланып, оор абалда калды. Бирок, дейт Эдил Байсалов:

- Кыргызстан менен салыштырып көрсөк Украинада оппозициянын мүмкүнчүлүктөрү көп экен. Алардын эркин митинг, демонстрацияларды өткөрүүсүнө шарттар түзүлгөн. Бейтараптуу, эркин түрдө маалыматтарды берип турган бир канча телеканалдары да бар экен.

Анын пикиринде, ири мамлекеттердин шайлоого таасири өтө эле жогору эмес. Ошондуктан Украина калкы өз президентин эркин шайлап алуусуна ишеним бар, дейт Эдил Байсалов Киевден.

АКШдагы ШАЙЛООГО АМЕРИКАЛЫКТАР ЖАНДУУ КАТЫШУУНУ КААЛАШАТ

Төрөкул Дооров, Прага Нью-Йорктун Pace университети тарабынан жүргүзүлгөн сурамжылоонун жыйынтыгы көрсөткөндөй, америкалыктардын көпчүлүк бөлүгү шайлоого жандуу кызыгып, ага сөзсүз катышаарын билдиришкен. Шайлоочулардын басымдуу бөлүгү бул жолку добуш берүү буга чейинкилеринен такыр башкача болооруна ишенишет.

Университеттин бул сурамжылоосу АКШнын атуулдугун эми эле алышкан жаңы атуулдар менен мурдатан бери жашап келаткандар ортосунда айырманы эсептеген жок. Буга чейинки сурамжылоолордо, адатта, жаңы атуулдар саясий окуяларга, алардын ичинде өзгөчө шайлоолорго, жигердүү катышып келишкен.
Бул жолу изилдөөнүн жыйынтыгы боюнча алгачкы жолу шайлоого катышып жаткандардын ичинде 83 пайызы сөзсүз добуш берүүгө катышаарын айтышкан.

Бул адаттагы көрсөткүчтөн бир канча жогору, анткени көп учурда добуш берүү жараянына шайлоочулардын дээрлик жарымына жакыны келбей коюшат.
Бул жолу элдин чечкиндүүлүгү бышыкталгандай.

Рафаелло Казаков – тажрыйбалуу сүрөтчү-фотограф. Ал 1991-жылы АКШга Болгариядан келген. “Бул жолку шайлоого сөзсүз катышам” – дейт Рафаелло.

- Акыркы төрт жыл ичинде биз мамлекеттин казынасында акчасы ашып-ташып жаткан мамлекет эми ага зар болуп жатканын көрдүк. Бай адамдарга салыктын төмөндөтүлгөнүн көрдүк жана башкы кызыкчылык өкмөттүн сырына бурулганын байкадык. Булардын баары, албетте, көпчүлүк эл үчүн жакшы эмес көрүнүштөр.

Ал эми Милена Георгиевна – балдар менен иштешип келаткан психолог. Ал АКШга 1991-жылы келген. “Мен эми гана АКШдагы Республикалык жана Демократиялык партиялар ортосунда ажырымды сезе баштадым. Өз кызыкчылыктары үчүн күрөш шайлоодон кийин да уланат ко деп үмүттөнөм” – дейт Милена.

Анын ишениминде, 2001-жылдын 11-сентябрынан кийин АКШ президентинин администрациясы кабыл ала баштаган көптөгөн олуттуу чечимдер жөнөкөй элдердин турмушуна чоң таасирин берди.

- Мен жаңы америкалыкмын, бул өлкөнүн атуулдугун жакында эле алгам. Бирок өзүмдү америкалык деп ойлогонум менен, дале иммигранттын менталитетинен арыла элекмин. Анткени мени илгерки мекеним – Болгария менен көп нерселер байланыштырып турат. Ошол эле учурда өзүмдүн жаңы мекениме да ыраазымын. Андыктан, менин америкалык катарында тандоо жасашым татаал жана дайыма өлкө ичинде болуп жаткан окуяларга сырттан караган байкоочу катарында сезем.

Ал эми сурамжылоону уюштурган университеттин өкүлү Жонатан Трайчер анын жыйынтыктарына таянып, “эл системага ишенип, ага чоң кызыгуу менен карай тургандыгын көрсөттү”, деп эсептейт.

ФЕЛИКС КУЛОВ 56 ЖАШТА

Бүгүн “Арнамыс” партиясынын лидери Феликс Кулов 56 жашын Сокулук районундагы Жаңыжер абагында тосту. Анын абакка түшкөнүнө болсо бешинчи жылдын жүзү боло баштады.

Феликс Куловдун туулган күнүнө карата анын партиялаштары бүгүн Байтик айылындагы дөбөгө “Феликс Кулов 56 жашта” деп, таш менен жазышты. “Арнамыс” партиясынын саясий кеңешинин мүчөсү Абдысапар Баялиновдун маалымдоосуна караганда, ушул эле күнү Байтик айылынын мас абалындагы тургундары Асылбек Сыдыков, Бактияр Токсоналиев жана Тилек Мырзабеков таш жазууну бузууга аракет жасашты. Тилек Мырзабеков бул ишти белгисиз бир адам акча сунуштап жасатканын “Азаттыкка” билдирди. Бирок ал адам ким экендигин айтуудан баш тартты. “ Арнамыс” партиясынын өкүлдөрү үч адамды бийлик өкүлдөрү атайын жиберди деген пикирде.

Маалым болгондой, Кулов 1999-жылы оппозициялык маанайдагы“Арнамыс” партиясын түзгөн. Андан кийин алгачкы ирет 2000-жылы 22 мартта Улуттук кардиология борборунда дарыланып жаткан жеринде камакка алынган. Ага “Жогорку Кеңештин депутатын жашыруун тыңшады, мыйзамсыз аскердик чин берди” деген сыяктуу күнөөлөр коюлган. Бул айыптоо боюнча ошол эле жылы август айында сот болуп, аскердик соттун судьясы Ашимбек уулу Нурлан Куловду толук актаган чечим чыгарган. Бирок аскердик соттун коллегиясы 11-сентябрда судьянын чечимин жокко чыгарып, ишти кайрадан ошол эле сотко, бирок башка курамдагы судьялардын кароосуна жиберген. Жаңы сот Куловду күнөөлүү деп таап, 7 жылга кескен.

Андан кийин Феликс Куловго кошумча күнөөлөр коюлуп, 2002-жылы 8-майда Биринчи Май райондук соту аны 10 жылга кескен.

Үстөккө-босток сот иштери жүрүп, камакка алынганына карабай Кулов өлкөнүн саясатына аралашып турду. Маселен, 2001-жылдын ноябрь айында ал Кыргызстан Элдик Конгрессинин төрагасы болуп шайланган жана ушул кезге чейин ал милдетти аткарып келатат.

Быйылкы жылы Феликс Куловду абактан мөөнөтүнө шарттуу түрдө бошотуу аракети жасалды. Бирок, Юстиция министрлигинин алдындагы жаза өтөө мекемелелер башкармалыгы Куловдун андай шартта чыгаар убагы келерки жылдын ноябрь айында келет деп билдирүүдө.

Феликс Кулов ага макул болбой өзүнүн чыгуу мөөнөтүн тактап берүү өтүнүчү менен Сокулук райондук сотко кайрылган эле. Райондук сот Куловдун арызын канааттандырган жок. Арнамыс партиясынын лидери сот менен катар Мыйзам чыгаруу жыйынынын соттук-укуктук жана мыйзамдуулук боюнча комитетине да кайрылган. Комитет бул маселени 14-октябрда карап, Сокулук райондук соттун чечими Кыргызстан мыйзамдарына каршы келерин белгилеп, Куловго болсо апелляциялык арыз менен Жогорку Сотко кайрылуу сунушталган. Абдысапар Баялиновдун айтымында, андай арыз Жогорку Сотко берилди. Бирок арыздын адилет каралуусуна күмөн бардыгы тууралуу Баялинов:

- Сотко кайрылдык, кандай натыйжа болорун да билебиз. Кандай болгон күндө да Феликс Куловду шайлоолор бүтмөйүнчө чыгарылбасын деген тапшырма бар.

Оппозиция өкүлдөрү Феликс Куловдун саясий ишмердүүлүгүнө байланыштуу камакка алынганын белгилеп келатса, бийлик органдары тескерисинче бул иште саясаттын жоктугун билдирип келатат.

Бир катар эл аралык уюмдар Феликс Куловдун сот ишинде саясат бар экенин билдиришкен. Маселен,Эл аралык Хельсинки федерациясы ушундай пикирин билдирсе, Европа парламенти өткөн жылы Феликс Куловду Сахаровдун сыйлыгына көрсөткөн.

Бир кездерде мамлекеттик өтө маанилүү кызматтарды аркалап, андан кийин бийликтин оппонентине айланган Феликс Кулов абак менен анын эркин сындыруу мүмкүн эместигин билдирген. Бирок экинчи тарап дагы аны маанилүү саясий өнөктүктөргө катыштырбоого жетишүүдө.

БИШКЕКТЕ КЫРГЫЗ-РОССИЯ ДЕПУТАТТЫК КОМИССИЯСЫ ЖОЛУГУШТУ

Бүгүн (жума күнү) Бишкекте Россия Федерациясынын Федералдык кеңеши менен Жогорку Кенештин Эл өкүлдөр жыйынынын палаталар аралык комиссиясынын бешинчи отуруму болду. Анда «Дастан» акционердик коомунун мамлекеттик акциясын сатууга, эмгек мигранттарына жана энергетика тармагындагы кызматташтыкка байланышкан маселелер талкууланды.

Биргелешкен комиссия өз отурумунда «Дастан» акционердик коомуна жана миграцияга байланыштуу Жогорку Кеңештин Эл өкүлдөр жыйыны кабыл алган чечимдерди кубаттады. Эл өкүлдөр жыйынынын сессиясы түшкө чейинки отурумунда «Дастан» акционердик коомунун мамлекетке таандык 37 пайыз акциясын Россия тарапка башкарууга берүү, ишенимге кирген шартта биротоло сатуу тууралуу маселени талкуулап, Россиялык «Евразия Транс» компаниясынын башкарууга алуу демилгесин кубаттады. «Евразия Транс» экономикалык кызматташтык келишиминин алкагында Кыргызстан сунуштаган «Дастан» ишканасын стратегиялык тармак катары өркүндөтүү программасын буга чейин кыргыз өкмөтүнө берген болчу. Палатанын стратегиялык өнүгүү жана ишкердик комитетинин төрагасы Жаныш Рустембеков маселеге пикирин минтип билдирди:

- Эми бул табылган фирма тышкы карыз үчүн эмес, башкарууга гана алып атат. Эгер программаны аткара албай калышса, анда акциялар өз мамлекетибизде калат.

Эл өкүлдөр жыйыны ушул эле отурумда Россиядагы эмгек мигранттарына, ишкерлерге колдоо көрсөтүү боюнча атайын программа иштеп чыгууну өкмөткө сунуштаган токтом кабыл алды. Маселенин парламентте кайрадан көтөрүлүшүнө эмгек мигранттары жана аларды социалдык жактан коргоо тууралуу Кыргызстан менен Россия ортосундагы 1996-жылкы макулдашуусуна өзгөртүү киргизүү тууралуу протоколдун Россия думасында ратификациялана электиги негиз берди. Рустембековдун айтымында, бул өлкөдө террордук аракеттерден улам азыр тартип катаалдап кетти:

- Штрафтары аябай катуу, биздин балдарды Россиядан айдап атышат. Каттоосу кыйын болуп калды. Милициялар балдарды катаал көзөмөлдөп атышат. Кемпир-чалдардын үйүнө жатчу, азыр албай калышты, анткени Россиялыктардын өздөрүнө айыппул чоң.

Ошондуктан, комиссия да бул ирет аталган документти ратификациялоону тездетүүнү Мамлекеттик Думага сунуштоо чечимине келди. Россиялык делегацияны жетектеп келген комиссиянын тең төрагасы, Россия Федералдык Кеңешинин КМШ өлкөлөрү боюнча комитетинин төрага орун басары Олег Пантелеев отурумда миграция Россия парламентинин күнүгө кайрылып жаткан урунттуу маселеси экенин белгилеп, муну мигарция саясатындагы өзгөрүүлөр менен байланыштырды:

- Тоскоолдуктар жана кагаздар абдан көп болуп кетти. Кээде кимдир бирөөлөр үчүн ыңгайлуу болуш үчүн атайын жасалып жаткандай сезилет.

Экономикалык интеграция жаатындагы үчүнчү маселени да комиссия парламенттер кол кабыш кыла турган олуттуу маселе деп эсептешти. Жогорку кеңештин эксперти Андрей Филатовдун белгилегенине караганда, азыр суу-энергетикалык обьектилердин техникалык абалы байкоо жүргүзүүгө муктаж жана аны Россиялык көз карандысыз адистердин кийлигишүүсүз ишке ашыруу мүмкүн эмес. Анткени техникалык жабдуулар дээрлик Россияда чыккан.

Кыргызстанда энергетика тармагын менчиктештирүү жүрүп жаткан азыркы шартта Россия менен кызматташтыкты жандандыруу айрыкча зарыл болуп турат деп эсептеди депутат Валерий Диль:

- Биз Россиясыз гидроэнергетиканы өнүктүрө албайбыз. Анткени, Камбарата-2, Камабарата –1 Россияда долбоорлонгон, документтеринен, жабдууларынан өөдө ошол жакта турат. Бул Новосибирск заводу, Санкт-Петербургдагы илим-изилдөө институту. Ошондуктан, бул багытта ыкчам аракеттердин болушун биз күтүп атабыз.

Россиялык депутаттар эки өлкөнүн энергетика тармагындагы кызматташтыгы тууралуу кабыл алынган эки тараптуу документтердин алкагында кызматташтыкты жандандырууга салым кошууну убада кылышты. Белгилеп койчу жагы, бул багытта быйыл жайда Россиянын РАО ЕЭС ишканасы менен Кыргызстандын «Электр станциялар» ишканасынын ортосунда кызматташтык тууралуу меморандум кабыл алынган.

ООГАН КООМУНДАГЫ ЭСКИ АДАТТАР ДАГЫ ЭЛЕ КҮЧТҮҮ

Нарын АЙЫП, Прага Үстүбүздөгү жылдын башында Бириккен Улуттар тарабынан Ооаганстандагы адам укуктары боюнча эксперт болуп дайындалган америкалык профессор үстүбүздөгү аптада Бириккен Улуттардын комитетинде доклад жасады. Анын айтымында, өлкөдөгү жагдай оңолуп баратканы менен, абал дагы эле начар.

АКШнын Чикаго шаарындагы ДеПол университетинин профессру Шериф Бассюни үстүбүздөгү жылдын апрелинде Бириккен Улуттардын Ооганстандагы адам укуктары боюнча көз карандысыз эксперти болуп дайындалган. Жарым жылдын ичинде ал абал менен таанышып, уюмдун Жалпы ассамблеясынын Укук комитетине үстүбүздөгү аптада өз докладын тартуулады жана 28-октябрда Нью-Йоркто журналисттер менен жолукту.

Азыр Ооганстанда НАТО уюмунун башкаруучулугу астында тогуз миң аскер аракеттенет, алар Бириккен Улуттардын күчтөрү болуп эсептелинет жана өлкөдөгү коопсуздук үчүн жооптуу. Андан тышкары АКШ жетектеген дагы 18 миң коалициялык аскер бар, алар негизинен ал-Каида менен Талибандын калдыктарын жок кылуу үчүн жооптуу.

Профессор Бассюнинин айтымында, Ооганстанга эл аралык аскерлер киргизилгенден кийин абал бир кыйла жакшырды, бирок эл аралык күчтөр негизинен борбор калаа Кабул шаарын гана көзөмөлдөгөндүктөн, өлкөдөгү жалпы абал жана турмуш мурдагы эле аскербашылардын колунда, алардын кээ бирлерине борбордук өкмөттүн дагы алы жетпейт: "Бул жөн гана коркунуч эмес, бул андан чоң нерсе - өлкөдөгү абал жергиликтүү башчылардын колунда. Ким канча жер алыш керек, же ким канча суу алыш керек дегенди ошолор чечет. Ким эмне эгиш керек, же кимдин үйүн кимге бериш керек деген дагы ошолордун колунда".

Мындан үч жыл мурда Талибан бийлиги кулатылгандан кийин абал бир кыйла өзгөрдү, бирок адам укуктарын коргоо дароо жакшырып кетти деген катачылык болот. Бассюнинин айтымында, эл аралык уюмдар бул багытта биргелешкен аракет көрө албаганы маселени татаалдаштырууда: "Көрүлүп жаткан чаралар - айрым адамдардын же уюмдардын гана аракеттери, алар кээде бир-бирине таптакыр айкалышпайт, биргелешип иштелип чыккан план дагы жок. Укук тармагындагы маселелерге - полиция же тартип коргоо уюмдарынын аракеттерине - АКШ дээрлик кийлигишпейт, бул багытта жасала турган иштер көп".

Кээ бир маселелерди ооган өкмөтү өзү деле чече алса болот, мисал үчүн аялдар же балдардын укуктары бузулган учурларды бийлик өз көзөмөлүнө алып, абалды жакшыртууга толук кудуреттүү. Ооганстанда эмгиче эски адат тирүү - тиги же бул адам кимдир бирөөгө чоң карыз болуп калса, ал береседен кутулуш үчүн карыз бергенге өз кыз баласын карматып салат. Аялдарга буюм катары мамиле кылуу, балдарды уурдоо дагы эмгиче кеңири жайылган көрүнүш: "Бул эскиден калган адат. Полиция ага дээрлик көңүл бурбайт, андай учурларды катташ керек деп да эч ким ойлобойт. Мен ал тууралуу өкмөткө да айттым, андай учурлар тууралуу үналгы-сыналгы аркылуу билдирип, элди агартып, андай адаттан арылыш керек".

Үй-бүлөдөгү тартипке чыдабай, өзүн-өзү өрттөп өлгөн аялдардын саны 2003-жылы эле үч жүздөн ашкан. Борбордук өкмөт алсыз болгондуктан, жергиликтүү башчылар апийим өндүрүү ишинде дагы эмне кылам десе, ошону кылат.

КЫРГЫЗ-ОРУС ӨКМӨТТӨР АРАЛЫК КОМИССИЯНЫН КЕЗЕКТЕГИ ОТУРУМУ БОЛДУ

Азиза Турдуева, Бишкек Бүгүн Бишкекте соода-экономикалык жана илимий-техникалык кызматташтык боюнча кыргыз-орус өкмөттөр аралык комиссиянын кезектеги 7-чи отуруму өттү. Анда Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы соода-экономикалык, аскердик, илимий-техникалык жана башка тармактардагы кызматташуулар боюнча буга чейинки кабыл алынган чечимдердин аткарылышы каралып, эки тараптуу кызматташууларды өркүндөтүү боюнча сунуштар айтылды.

Кыргыз-орус өкмөттөр аралык комиссиянын бул иретки отурумунда Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы отун-энергетика, илимий-техникалык, аскер, гуманитардык, инвестицияларды тартуу, айыл-чарба, газ жана башка тармактардагы кызматташууларга байланыштуу маселелер талкууланды. Мында ошондой эле эки өлкөнүн 2000-2009-жылдарда экономикалык кызматташуу прораммасынын аткарылышы каралды. Жыйында белгиленгендей, 2004-жылдын 9 айында эки олкөнүн ортосундагы экономикалык кызматташуу жакшырып, соода жүгүртүүнүн көлөмү 50 пайызга өстү. Бул тууралуу Кыргызстандын экономикалык өнүгүү, соода жана өнөр жай министри Амангелди Муралиев мындай дейт:

- Өткөн 9 айдын ичинде Россия менен Кыргызстандын ортосундагы жалпы сооданын көлөмү 50 пайызга өстү. КМШ өлкөлөрүнүн арасында келечекте Россия биз менен экономика тармагындагы эң башкы өнөктөшүбүз болот деп ойлойм. Анткени, Россия менен Кыргызстандын ортосундагы мамилелер КМШ өлкөлөрүнүн арасында эң жакшы деп айтсак болот.

Белгилүү болгондой, буга чейин Кыргызстан менен Россиянын ортосунда Камбарата 1 жана Камбарата-2 ГЭСтерин биргелешип куруу жана пайдалануу маселеси боюнча бир нече ирет сүйлөшүүлөр жургүзүлгөн. Кыргызстандан Россияга электр энергиясын экспорттоо боюнча узун мөөнөттүк Макулдашууга кол коюлган.

Кыргыз-орус өкмөттөр аралык комиссиясынын Росиия тараптан торагасы, Россиянын өзөктүк кубат боюнча Федералдык агенттигинин жетекчиси Александр Румянцев комиссиясынын ишинде башкы көңүл бурула турган маселелердин бири эки өлкөнүн ортосундагы аскердик-техникалык кызматташуу экендигин белгиледи:

- Аскердик-техникалык кызматташуу темасы өкмөттөр аралык комиссиянын ишинде башкы орунда турат, - деди Александр Румянцев.

Комиссиянын отурумунда Россиядан Кыргызстанга көгүлтур газды экспорттоо маселеси да каралды. Бул жөнүндө министр Амангелди Муралиев:

- Биздин «Кыргызнефтегаз» деген бирикме менен Россиянын «Зарубежнефтегаз» деген акционердик коому биргелешкен ишкана ача турган болдук. Эми ушул акционердик коом менен кызматташуу аркылуу биз өзүбүздүн табигый көгүлтүр газдын булагын таап жатабыз. Анда биз Өзбекстан менен мамилелерди башкача саясий маанисинде түзөбүз. Россия жактан газды алсак, анда биздин элибизге бир топ кепилдиктер болот.

Комиссиянын отурумунда Кыргызстандын Россияга болгон карызын төлөө маселеси каралган жок. Буга байланыштуу премьер-министр Николай Танаев:

- Бул маселени биз азырынча талкуулаган жокпуз, Анткени, кийинки жылдын март айында Париж клубунун жыйыны болот. Анда Кыргызстандын тышкы карыздарын реструктуризациялоо маселеси каралат. Ошондон кийин гана биз Кыргызстандын Россияга болгон карыздарына байланыштуу маселелерди талкуулай баштайбыз, - деди Николай Танаев.

Жыйында Кыргызстандын аймагында айылчарба, тамак-аш, кайра иштетүү өнөр жай тармактарында биргелешкен кыргыз-орус ишканаларын куруу, Россиянын айыл-чарба техникасын сатуу боюнча соода үйлөрүн ачуу сунуштары айтылды. Биргелешкен ири көлөмдүү инвестициялык долбоорлорду иштеп чыгуу, майда жана орто бизнес тармагын өнүктүрүү боюнча тажрыйба алмашуунун зарылыдыгы жөнүндө да маалымдалды. Ал эми Эки олкөнүн ортосундагы соода жүгүртүүнүн көлөмүн жогорулатуу үчүн Кыргызстан менен Россиянын банктарынын ортосундагы өз ара кызматташууларды күчөтүү, Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы туризм, экология, билим берүү, миграция тармактарындагы кызматташтыкты жакшыртуу боюнча сунуштар айтылды.
Премьер-министр Николай Танаев Комиссиынын отурумунун жыйынтыгы жөнүндө:

- Соода-экономикалык жана илимий-техникалык кызматташуу боюнча өкмөттөр аралык комиссиянын жетинчи отурумунун протоколуна кол коюлду. Бул Кыргызстандын өкмөтүнүн башка өлкөлөр менен биргелешкен соода-экономикалык комиссияларынын ортосунда түзүлгөн эң көлөмдүү протокол. Биз эки өлкөнүң ортосундагы ар кайсы тармактардагы кызматташуулардагы айрым маселелерди талкуулап, келекчектеги кызматташуулар боюнча планды иштеп чыктык, - деди премьер-министр Танаев.

Отурумда кол коюлган протколго 2005-жылдын биринчи жарымында Россиянын өзөктүк кубат боюнча агенттиги жана Кыргызстандын өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан Кыргызстандын аймагында экологиялык-радиациялык коопсуздукту түзүү боюнча биргелешкен Программаны иштеп чыгуу маселеси да кирди. Анда Кыргызстандагы уран калдыктары сакталган жайларды реабилитациялоо иштери да камтылат.

ПАЛЕСТИН ЛИДЕРИ ЯСИР АРАФАТ ОРДУНА АДАМ КАЛТЫРБАЙ ЭЛЕ ПАРИЖГЕ ДАРЫЛАНУУГА АЛЫНЫП КЕТТИ

Жума күнү Палестина автомомиясынын төрагасы Ясир Арфат шашылыш Парижге жеткирилди. 2002-жылдан бери Израил бийликтери Рамалладан чыгарбай камоодо кармаган Арафат эми Париждин аскерий ооруканаларынын биринде кылдат текшерилип, дарыланат. 75 жаштагы Арафаттын саламаттыгы, непада анын көзү өтүп кетсе, же анын ордуна башка бирөө дайындалса, Палестинанын аймагында эмне болуп кетет деген суроолорду жаратууда.

Палестина боштондук кыймылынын символуна айланган Ясир Арафат жума күнү Рамалладан Иорданияга жөнөп кетер алдында, аны узатып келген ырасмий адамдарга жана күзөтчүлөргө көзүнө түшкөн тебетейин улам оңдоп, бир кездеги кубаттуу колдорун илең-салаң булгап коштошту.
Арафатты тик учар Амманга жеткирер менен, аерде күтүп турган учак 75 жаштагы палестин лидерин Франциянын борборуна алып кетти.

Автономиянын премьер-министри Ахмед Курейи Рамаллада жума күнү кабарчылар менен болгон кездешүүдө төрага Арафат дарыланып бүтүп, жакында Парижден кайтып келет деген үмүтүн билдирди:

– Биз баарынан да ал (Ясер Арафат) палестин элинин күнкорсуз мамлекет куруусун жетектөө үчүн жакшы ден соолукта келет деп үмүттөнөбүз.

Премьер-министр Курейи төрага Арафат палестиналыктар руханий кубатынан тайбай бекем болушун каалаганын да элге жеткирди:

– Ал (Ясир Арафат): “Бирдикте болгула, улуттун зайыр акысына жетүү үчүн чечкиндүү тургула”,- деп айтып кетти.

Арафаттын оорусу жөнүндө так маалымат жок. Бирок, акыркы жумаларды анын көөнү айланып, тамагы сиңбей, өтүндөгү таш кубатын алганын, шакыйы да уйку бербей, айласын кетиргенин жардамчыларына шилтеп маалымат булактары кабарлашты.

Арафаттын “саламаттыгы осол экен” деген кабар, автономиянын өзүндө жана сырт өлкөлөрдө анын мураскери ким болот деген суроону кырынан койду.
Акыркы жылдары палестиналыктардын жаш мууну Арафатты бийликти өкмөт менен бөлүшкүсү келбейт, өзүнө мураскер тарбиялабай жатат деп, катуу сындашкан. Ушундай эле сынды өткөн жылы эки ай өкмөттү жетектеген Махмуд Аббас менен азыркы премьер Ахмед Курейи да айтышкан.

Айрым маалымат булактарында, анын ичинде “Нью-Йорк Таймс” гезити Арафат доктурда узак жатып калса, Батыш Иордандагы кырдаал башкаруудан чыгат деп кооптонот.
Ал эми Лондондук эксперт Надым Шехадинин пикири башка:

- Непада Арафаттын көзү өтүп кетсе – кээ бирөөлөр жоромол кылгандай- баш аламан калаба чыкпайт. Бирок, жакынкы жылдары Палестиналыктардын өзү жана тыш өлкөлөр Арафатка ишенгендей ишенчү, аны толук алмаштырчу жетекчи чыкпайт.

Байкоочулар Арафат келбес сапарга жүрүп кетсе, Израил премьер-министри Ариэль Шарондун 2005-жылга Газа менен Батыш Иордандын айрым жерлеринен жөөт маалелерин көчүрүп кетүү планына жолтоо болот дешет.Себеби, “Израил менен тынчтык келишимине кол койчу бир да палестиналык лидер жок”,-деп боолгойт Надым Шехади,
“Эркин Европа/Азаттык” радиосунун кабарчысы менен болгон маекте:

- Менин оюмча, Шарон үчүн Арафат чоң жоготуу болушу ыктымал. Себеби, Арафаттан кийин Палестин автономиясы же палестин бийлигинин кыйроосу ага чоң түйшүк апкелет. Ошондо Шарон үчүн Батыш Иорданды жана Газаны ээлеп туруу кыйын болот.

Арафат ордуна эч кимди калтырган жок. Бирок, “Вашингтон Пост” гезити палестин лидери Францияга дарыланууга жөнөп кетер алдында, мурдакы премьер-министр Махмуд Аббасты автономиянын “төрага орунбасары” кылып дайындоо жөнүндөгү планды бекиткенин маалымдады.

Фатах кыймылын Ясир Арфат менен колмо-кол түптөгөн Махмуд Аббас кыймылдын тирүү калган саналуу негиздөөчүлөрүнүн бири.

ТӨРАГА АРАФАТТЫН ДЕН СООЛУГУ ЧОЧУЛОО ЖАРАТУУДА

Нарын АЙЫП, Прага Палестина автономиясынын төрагасы Ясир Арафаттын ден соолугу 27-октябрдан жыйырма сегизине караган түнү кескин начарлаганы тууралуу айтылууда, анткен менен ал эртең менен жанындагылар менен кошо намазга жыгылды. Үч жылдан бери Арафатты Мукатаа деген жерде камап жаткан Израил жетекчилиги анын кайсы өлкөгө кааласа барып дарыланганына уруксат берди.

Эң негизги маселе - төрага Ясир Арафат өткөн август айында жетимиш бешке чыкканында жана бардык байкоочулардын айтымында, кандай болбосун окуяга даяр болуш керек. Кээ бир израилдик маалымат каражаттарынын айтымында, Арафаттын ашказаны рак болгон, бирок араб доктурлары аны тастыктабайт. Израил радиосу тараткан маалыматка караганда, төрага түн ичинде эс-учун да жоготкон, бирок палестиналык жетекчилер ал маалыматты дагы четке какты жана Арафат эртең менен башкаларга кошулуп намазга жыгылды деп билдирди. Ал азыр орозо кармайт жана доктурлардын айтканына көнбөй, оозун ачуудан баш тартууда.

Мисирдин МЕНА маалымат агенттиги тараткан маалыматка караганда, эгер Арафат чет өлкөгө дарыланууга кетсе, Палестинаны башкара турган убактылуу комитет түзүлдү жана ал тууралуу жарлыкка Арафат түн ичинде кол койгон. Комитет үч адамдан турат жана ага Палестина премьер-министри Ахмед Куреи, мурдагы премьер Махмуд Аббас менен парламент спикери Селим аз-Заанун кирген. Бирок Палестинанын байланыш министри Аззам ал-Ахмед ал маалыматты дагы жокко чыгарды.

Кээ бир кабарларга караганда, Арафаттын жанында азыр анын инилеринин бири, генерал Муса Арафат жана дагы бир жан сакчы гана жүрөт. Мусаны жакында Арафат Газа тилкесиндеги коопсуздук маселелери үчүн жооптуу кылып дайындаган. Арафаттын кеңешчиси Набил Абу Рудейна 28-октябрда төраганын өмүрүнө эч коркунуч жок деп билдирди: "Анын ден соолугу жакшы, бирок эс алыш керек. Мен мурда айткандай, жагдай стабилдүү жана бардыгы калыбына келиш үчүн жөн гана бир нече күн убакыт керек".

Анткен менен Арафат жетектеген ФАТХ партиясынын чет өлкөлөргө кеткен бардык жетекчилери Палестинага шашылыш келүүгө чакыртылды. Арафат көп жылдан бери аялы Суха менен дагы бирге жашабайт, бирок жыйырма сегизинде ал дагы кызы менен кошо Парижден Палестинага учуп чыкты. Мындан эки апта мурда Арафатка суук тийди деп жарыяланган, бирок көп узабай, ага кошуна Йордания менен Мисирден жана алыскы Тунистен дагы доктурлар чакырылган. Алар бир кыйла татаал текшерүү жасап, төраганын өмүрү коркунучта эмес деген, бирок орозону токтотууну сунуштаган.

Үч жылдан бери Ясир Арафат Йордан дарыясынын батыш жээгиндеги Рамалла шаарынын алдындагы Мукатаа деген жерде камалып жашайт. Жөөт аскерлери Мукатааны курчоодо кармайт жана алардын уруксатысыз ал жерге өтүү мүмкүн эмес. Анткен менен 28-октябрда Израил радиосу билдиргенге караганда, жөөт премьер-министри Ариел Шарон Арафаттын кайсы болбосун өлкөгө барып дарыланышына Израил каршы эмес. Бирок Арафаттын жардамчыларынын айтымында, эгер төрага Палестинадан сыртка чыгып кетсе, Израил анын кайрадан кайтып келишине уруксат бербей коюшу мүмкүн. Палестинанын боштондук кыймылын алсыратыш үчүн, Израил буга чейин Арафатты Жакынкы Чыгыштан башка өлкөгө чыгарып жиберүү үчүн бир нече аракет көргөн.

ФАТХ партиясын Арафат 1958-жылы негиздеген жана 1960-жылдардан бери Палестинаны боштондукка чыгаруу кыймылын жетектеп келген. Анын негизги максаты - Жакынкы Чыгышта эгемендүү Палестина мамлекетин куруу. 1993-жылдын сентябрында Норвегияда өткөрүлгөн сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында андай мамлекет беш жылдан кийин, 1998-жылдын сентябрында жарыяланмак. Ал жетишкендик үчүн Арафат жана Израилдин ал кездеги жетекчилери Ицхак Рабин менен Шимон Перес 1994-жылы Нобел сыйлыгына татыган. Бирок 1995-жылы Израилдин премьер-министри Рабин жөөт улутчулдары тарабынан өлтүрүлгөндөн кийин, тынчтык жараяны үзгүлтүккө учурады. Израил жана Батыш өлкөлөрүнүн басымы астында болсо, 1998-жылы Палестина мамлекети жарыяланган жок.

БЕЙӨКМӨТ УЮМДАР ДОБУШ БЕРҮҮДӨ БЕЛГИ КОЮУГА КАРШЫ

Бейөкмөт жана коммерциялык эмес уюмдар ассоциациясы менен Кыргызстан элдеринин ассамблеясы бейшембиде билдирүү таратып, анда добуш берүүдө сол колдун баш бармагына белги коюуга негиз берген мыйзамга каршы экендиктерин жарыя кылышты. Аталган уюм өкүлдөрүнүн билдирүүсү боюнча, белги коюу добуш берүүдөгү мыйзам бузууларга бөгөт болуучу мыкты жол эмес, бул атуулдун укугу менен беделине доо кетирген аракет.

Бейөкмөт жана коммерциялык эмес уюмдар ассоциациясынын төрайымы Токтайым Үмөталиеванын айтымында, мындай билдирүү таратууга эки жагдай: биринчи адамдын ар намысы менен беделин коргоо жана экономикалык чыгымга жол бербөө аракети түрткү болду:

- Биздин өлкө такыр эле артта калган өлкө эмес. Элибиз өтө карапайым, эч нерсе түшүнбөгөн караңгы эл эмес. Белги коюу элдин көз карашын, ой-пикирин басмырлап, атуулдун өзүнө болгон ишенимин кетирип жатат. Бул биринчиден. Экинчиден, ушул мыйзамды ишке ашырууга кетчү каражатка ичибиз ачышып жатат. Себеби, ал каражат карапайым элге, окубай жаткан балдарга, пенсиясы жетпеген карыларга өтө керектүү. Маселен, белги коюуга кетчү 300 миң долларды быйыл Америка берет. Андан кийинки шайлоодо аны Кыргызстан өзү табышы керек да! Ар бир төрт жылда ошол жалгыз эле шайлоолорго бюджеттен бир миллион 200 миң долларды даярдап туруш керек. Бул кыргыз сомуна которгондо 50 миллион сом болот. Ошончо каражатты сарптап туруп, өзүбүзгө белги коюу керекпи? Ал белгини жууп салып эле кайра эле добуш бере берсе болот. Анда аны киргизүүнүн кажети эмне?

Токтайым Үмөталиева белги коюу жөнүндөгү мыйзамга президент АКШнын жана анын Кыргызстандагы элчиси Стивен Янгдын басымынын астында кол койгондугун да билдирди:

- Бул АКШнын Кыргызстандын ички ишине кийлигишүү. АКШнын элчиси Стивен Янг ачык эле «биз президент менен сүйлөштүк, президенттин макулдугун алдык, биз мындай чечтик, тигиндей чечтик» деп айтып жатты. Америка Кыргызстандын ички иштерин «мындай чечебиз, тигиндей чечебиз» дегенге акысы жок. Бул дипломатиялык эрежени одоно бузуу.

Токтайым Үмөталиеванын билдирүүсү боюнча, бейөкмөт уюмдар президентке, Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйынына кайрылуу жолдоп, анда белги коюу жөнүндөгү беренени жойгон өзгөртүүнү Шайлоо Кодексине киргизүүнү талап кылышат. Ал эми ага чейин белги коюу жөнүндөгү берененин алынышын коомчулук каалап жаткандыгын далилдеш үчүн 30 миңден ашуун атуулдун колун чогултушат.

Ал эми Кыргызстан элдеринин ассамблеясынын төрагасы Иса Токоев билдирүү таратууга ар улуттагы атуулдардан улуттук борборлорго нааразылык билдирген арыздануулардын түшүп жаткандыгы себеп болгондугун кабарлады.

Борбордук Шайлоо комиссия төрагасынын кеңешчиси Бектур Зулпуев бейөкмөт уюмдар мыйзамга өзгөртүү демилгесин көтөрүүгө укуктуу экендигин, бирок, Жогорку Кеңеш алар талап кылган өзгөртүүнү кезектеги парламенттик шайлоого чейин Шайлоо Кодексине киргизүүгө үлгүрөөрү күмөн экендигин билдирди:

-Эгерде бейөкмөт уюмдар ассоциациясы парламентке кайрылса, алар кодексти кайрадан өзгөртүүгө үлгүрөбү же үлгүрбөйбү, ал белгисиз. Негизи президент белги коюу жөнүндөгү мыйзамга кол койду. Кезектеги шайлоо ошол мыйзамдын негизинде өтөт.

Ал эми мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты Алефтина Проненконун айтымында, добуш берүүдө баш бармакка белги коюуга негиз берген мыйзамды кайра өзгөртүү мүмкүн эмес, себеби, ал палатанын көпчүлүк депутаттардын колдоосу менен кабыл алынган:

- Бул мүмкүн эмес. Себеби, мыйзамга президент кол койду. Экинчиден, ал мыйзамды палатанын көпчүлүк депутаттары колдоп добуш беришкен. Албетте, бейөкмөт уюмдар мыйзамды өзгөртүү демилгесин көтөрүүгө укуктуу. Бирок, мындай демилге көтөргөн уюмдар шайлоонун калыс жана ачык өтүшүнө каршы экендигин билдирип жатат. Белги коюу адамдын укугун бузбайт. Ошондуктан бейөкмөт уюмдардын талабы парламенттен өтпөйт деген ойдомун.

УКРАИНАДА ПРЕЗИДЕНТТИК ШАЙЛООГО КАТЫШЫП АТКАН 20 ТАЛАПКЕРДИН ЭКӨӨ ЭҢ АЛДЫДА

Алдыдагы демалышта Украинада президентти шайлоо өтөт. Ага баш-аягы 20 талапкер катышып атат. Баарыдан алдыда келе жатканы экөө. Украинанын азыркы премьер-министри Виктор Янукович жана ага оппозицияда турган Виктор Ющенко келатат. Анализчилер баамында, өлкөдөгү жогорку орунду ошол экөөнүн бирөө ээлөөгө тийиш. Бул күндөрү Киевге барган Орусиянын президенти Владимир Путиндин иш сапарын сырттан көз салуучулар Януковичке колдоо көргөзүү болду дешет. Ошол эле учурда украин добуш берүүчүлөрү ага карабайт деген да кеп бар.

Коомдук пикирлерди сурамжылагандар айтканга караганда, Украинада президенттик орунду талашып аткан 20 талапкер ичинен экөөнүн аты алдыда келатат. Биринчиси – азыркы өкүмөт башчы - Виктор Янукович. Аны президент Леонид Кучма колдойт. Чукултан тарта аны Кремлдик кожоюн Владимир Путин да колдоого ала баштаган.

Экинчиси – мурунку өкүмөт башчы жана Борбордук банктын директору - Виктор Ющенко. Анын тиреги - Батыш Украина, Европа жана Америка дешет. Ющенконун атын сүрөшкөн таанымал саясатчы Юлия Тимошенконун кебин уга кетели. Бирок ал экинчи талапкерди сынга алды:

- Янукович беш жылга келгени менен беш жыл ичи ал катаал бийлик жүргүзүп бүткүл украиндар эркиндигин торго салат, - дейт Тимашенко айым.

Украиналык дагы бир саясий сынчы Иван Лозовый айтканга караганда:

- Кийинки эки жыл ичинде эл арасында кадыры абдан жогору бааланып келаткан саясатчы Виктор Ющенко. Ошондуктан ал утулуп калса анда кишилердин көчөгө чыгуусу болуп көрбөгүдөй көп болот, - дейт Киевдик талдоочу.

Мындай көз карашка МГИМО директорунун орун басары Артем Мальгин каршы ой айтат. Украина куруп аткан демократиялык маанай орусияныкынан айырмалана тургандыгын белгилейт:

- Украинанын демократиялуулук деңгээли азыркы Орусияныкынан алда канча жогору, - деди орусиялык талдоочу.

Ошолэле учурда алдыңкы демалышта өтө турган президентти шайлоодо Янукович алдыга чыгып келет, бирок бул жолу тумалак жеңишке жетүү болбойт. Ал эми 21 ноябрде өтчү экинчи айлампада Ющенко жеңишке жетет дейт украиналык талдоочу Михаил Погребенский:

- Биринчи айлампада, айталы, Януковичтин жеңишке ээ болушу - аны экинчи айлампада да жеңишке жеткирет дегенди билдирбейт.

Азырынча президент Путиндин Киевге келип кетиши украиналык шайлоодо ат салышкандар кимисине дем болгондугун социологдор эсептей элек. А кайсы бир талдоочулар айтканга караганда, ал эч кимисине бел боло алган эмес. Эмнеси болсо да орусиялык жетекчи кечээ, 27 октябрде, бул күндөрү эл болжоп аткандан башкача ой айтты:

- Украинанын ички саясий күчүн чет өлкөдөн, айрыкча Орусиядан колдоо көргөзүү абдан коркунучтуу иш, ал кайра трес жыйынтык бериши мүмкүн.

КЫРГЫЗ БИЙЛИГИ РАДИКАЛИЗМГЕ КАРШЫ КҮРӨШТҮ КҮЧӨТӨТ

Кыргызстандын президенти Аскар Акаев элдин тынчтыгын, бекем тартипти жана адам укуктары менен эркиндиктерин коргоо үчүн радикализм менен күрөштү күчөтүү милдетин алдыга койду. Мамлекет башчы ал тууралуу шейшембиде, Жогорку Кеңештин кош палатасы менен жалпы кыргыз элине жолдогон кайрылуусунда билдирди. Кыргызстанда күрөштү талап кылгандай радикализмдин кандай көрүнүштөрү бар жана коомчулук президенттин ага каршы күрөшүү чакырыгын кандай кабыл алды?

Кыргызстандын президенти Аскар Акаев Жогорку Кеңештин кош палатасынын депутаттары менен жалпы кыргыз элине кайрылуусунда радикализм эртеби, кечпи мамлекеттин коопсуздугуна кесепетин тийгизип, максатына жетүү үчүн күч колдонууга өтөөрүн төмөнкүчө эскертти:

-Көбүнчө алар мыйзамды тебелеп-тепсеген ар кандай «жибек» жана «роза» революциялар түрүндө болот. Мен Коопсуздук кеңеши Башкы прокуратура, Улуттук коопсуздук кызматы, министрликтер жана мекемелер менен бирдикте 2010-жылга чейин саясий жана диний экстремизмге каршы күрөшүүнүн комплекстүү планын иштеп чыгуу үчүн тапшырма бердим.

А.Акаев мында негизги көңүл социалдык мобилизациялоо, эркин экономикалык ишмердүүлүккө бурулуп, экстремизмдин социалдык базасын кыскартуу керек деген милдет койду.

Жогорку Кеңештин Эл өкүлдөр жыйынынын депутаты Каныбек Иманалиев президенттин мындай саясаты учурдун талабына ылайык деп, аны колдоо керектигин төмөнкүчө билдирди:

-Радикализмди үчкө бөлүп кароо керек. Анын биринчиси экономикадагы радикализм, анан саясаттагы жана диний радикализм.Орусиялык экономист Егор Гайдар беш миллионго чейинки эли бар мамлекет үчүн өнүгүүнүн экономикалык радикалдык жолунан башка жолу жок деп жатат. Буга кошулабыз. Ал эми саясий жана диний радикализмге келе турган болсок азыркы дүйнөлүк терроризмдин түбү айланып келип эле диний радикализмге барып такалат. А саясий радикализм коомдун туруктуу өнүгүшүнө чоң кедергисин тийгизет. Ошон үчүн президент көтөргөн маселе эң туура жана аны колдоо керек.

Ал эми Кыргызстан укук коргоо кыймылынын төрагасы Турсунбек Акун Кыргызстанда эч кандай радикализм жок, президенттин жогорудагыдай билдирүүсү, тескерисинче, анын пайда болушуна жол ачат деген ойдо:

- Кыргызстанда терроризм, диний фанатизм, экстермизм деген жок. Биз тынч, татынакай жашап жатабыз. Жардыруу кылган эч ким жок. Ал эми «Оберон» фирмасындагы жана башка жерлердеги жардырууну диний экстремисттер жардырган жок, аны бири-бири менен кармашкан мафиялык күчтөр жардырды. Эми Акаев экстремизм күчөп атат, өлкө араң турат, радикалдар акыры күч колдонуп, «роза» революциясына алып келет деп айтып жатат. Эгер президент ушинтип элди күнөөлөй берсе, акыры «роза» революциясы болот. Бул маселени Акаев өзү курчутуп жатат.

Эл өкүлдөр жыйынынын депутаты Искак Масалиев болсо бийлик өзүн-өзү курчутуп туруш үчүн душман ойлоп таап жатат жана бул шайлоолор алдында жергиликтүү бийликтерге берилген көрсөтмө болду деген пикирде:

- Бизде саясий, диний радикализм деген түшүнүк жок. Маселен, саясий радикализм деген эмне экендиги термин катары такталган эмес. Кыскача айтканда, бул жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө «ким бийликке каршы сүйлөсө, ушул шылтоо менен аны душман деп эсептеп, чара колдонгула» деп берилген белги болду. Аны жергиликтүү бийлик кандай колдонот? Бул чоң маселе. Алар чачын ал десе башын кошо алып келген учурлар болгондугу тарыхтан белгилүү. Азыр мына ушундай коркунуч пайда болду.

Ал эми депутат Каныбек Иманалиевдин баамында, радикализмди жоюу милдетин ишке ашыруу үчүн коомдо конструктивдүү диалог зарыл:

- Аны тап катары жое албайбыз. Ошон үчүн өкмөт эл арасында алдын-алуу, түшүндүрүү иштерин жүргүзүүсү зарыл. Өкмөт оппозициянын саясатына каршы, өзүнүн эл ишине турган,ынанымдуу түшүндүрүү иштерин жүргүзүүгө милдеттүү. Эгер өкмөт жакшы идеяны сунуш кыла албаса, анда аны радикалдык оппозиция сунуш кылат. Бул идеялардын күрөшү болуш керек. Бирөө менен тап катары күрөшүүнүн кереги жок, а конструктивдүү диалог гана керек.

ПРЕЗИДЕНТ ПУТИНДИН УКРАИНАЛЫК ШАЙЛООЧУЛАРГА БЕРГЕН УБАДАСЫ

Россия президенти Владимир Путиндин Украинадагы сапары уланууда. Ал шейшемби күнү Украин телеканалында көрармандардын суроолоруна жооп берди жана эки өлкөнүн тыкыс кызматташуусун жактап, россиячыл премьер-министр Виктор Януковичтин экономикалык саясатына өз суктануусун билдирди. Сурамжылоолорго караганда, жекшемби күнкү шайлоодо батышчыл эсептелген оппозициячыл саясатчы Виктор Юшенко Янукович менен тең чыгышы ыктымал. Юшенконун тарапкерлери украин бийликтери Путиндин визитин шайлоочуларды Янукович үчүн добуш берүүгө пайдаланмак болууда деп эскертишти.

Президент Путин украин телекөрүүчүлөрүнүн 30дан ашуун суроосуна жооп берди. Украина, Россия, Белорус жана Казакстан кирген Эркин экономикалык аймак жөнүндөгү суроого, Путин:

- Эч ким СССРди кайра калыбына келтирүүгө аракет кылып жаткан жок. Андай сунушту эч ким жасаган да жок. Андай максатка эч ким умтулуп да жатпайт. Мындай сунуштун тескери натыйжага алып барары айдан ачык.

Көпчүлүк байкоочулар Владимир Путин телекайрылуусунда украин шайлоочуларын премьер-министр Януковичти колдоого ачык үндөйт деп күтүшкөн. Путин да ага барбады. Бирок, пайитин таап, Януковичтин экономика жаатында жасап жаткан иштерине көңүл бөлүп, ага мыкты баасын берди:

- Украина акырыкы бир нече жылда-өзгөчө өткөн жылы-экономикалык өсүүдө абдан олуттуу жана ыкчам прогресс жасады. Экономикасы 13-14 пайызга өстү. Бул жөн гана өсүш эмес экенин белгилей кетейин. Премьер-министр Януковичтин башкаруусу астында өкмөт мындан да бийик көрсөткүчкө жетишет.

Путин кош жарандуулук маселесине да токтолду. Анын айтышынча, Россиянын конституциясы кош жарандуулукка жол бербегени менен, бул чечиле турган маселе. Россия президенти украиналыктарга сүйүнчү жарыя да жасады:

- Украин букаралары Россиянын территориясына өздөрүнүн ички паспорттору менен киргендей болушат. Мен Москвага кайтып барганымдан кийин Ички иштер жана Тышкы иштер министрликтерине жана президент администрациясына ушундай тапшырма берем.

Путин «31-октябрь президенттик шайлоо адилет жана калыс болобу?» деген суроого, добуш берүү адилет болоруна ишенгенин айтып, бардык украиналыктарды ага катышууга чакырды.

Укрианалыктар Владимир Путиндин телекайрылуусу тууралуу түрдүү пикирде.
Андрей деген ишкер жигит «Эркин Европа/Азаттык» радиосуна берген интервьюда, Россия президентинин Украинага жекшемби күнкү шайлоо алдында келгенин жактырбады:

- Телекайрылуу жөнүндө эч нерсе айта албайм. Бирок, ал эмне үчүн биздин ички ишибизге кийлигишет? Алар ага өтө көп убакыт беришти. Бул Россия тараптын жаңылыштыгы.

Владимир деген сантехник Путиндин сапары менен жекшемби күнү болчу президенттик шайлоо ортосунда эч кандай байланышты көрбөйт. Анын сөзүнчө, Путин борбор шаар Киевди Кызыл Армиянын бошоткон күнүн белгилөө салтанатына катышканы келген:

– Келгени туура го. Биз Украинананын боштондук күнүн белгилеп жатпайбызбы?!

Люба деген кызматкер аял аны Путиндин украиналыктардын Россияга катооону жеңилдетүү тууралуу жарыясы сүйүндүргөнүн, Путиндин сапары Януковичке колдоо көрсөтүүнү көздөгөнүн айтат:

- Балким, сапар ушундай максатта уюштурулгандыр. Ырас, ошондой болсо керек. Путин колдоо жасадыбы? Анысын билбейм. Мен өзүм Янукович үчүн добуш бербейм.

Татьяна деген бала кароочу аял Путин визитин колдоду:

- Мен үч славян мамлекети: Белорус, Россия жана Украина түбөлүк бирге болушу керек деймин. Биз бир элбиз. Мен Украинада жашаган орусмун. Менин оюмча, биз өз ара жакшы болушубуз керек. Мени биздин келечегибиз тынчсыздандырбай койбойт.

Украин президенттигине экинчи талапкер, оппозициячыл саясатчы Юшенконун шайлоо өнөктүгүн уюштурган топтун мүчөсү Степан Гавриш президент Путин премьер-министр Януковичти колдоо үчүн келген деген бекем ишеничте.

«ФРИДОМ ХАУСТУН» ИЛИКТӨӨСҮН СОТ ДЕПАРТАМЕНТИ СЫНГА АЛДЫ

Фридом Хаус эл аралык уюму АКШнын ЮСАИД уюму менен бирге Кыргызстандагы соттордун ишмердүүлүгүн иликтеп, анын жыйынтыгы боюнча отчет даярдады. Иликтөөдө негизги көңүл соттордун иштөө шартына, ачык-айкындыгына, териштирүүнүн акыйкаттыгына, айрым иштерди кароонун өзгөчө тартибине бурулган. Бирок, бул мониторинг сот системасында иштеген бардык эле сотторду канагаттандыра алган жок. Аталган иликтөөгө байланышкан долбоорду жыйынтыктоо максатында өткөн тегерек үстөлдө иликтөөнү кескин сынга алгандар да болду.

Иликтөө бейөкмөт уюмдар тарабынан Ош, Талас, Жалалабад облустарында жана Бишкек шаарында өткөн жылдын ноябрынан быйылкы сентябрга чейин жүргүзүлгөн. Жергиликтүү беш бейөкмөт уюм тарабынан жүргүзүлгөн иликтөөлөргө караганда, аталган аймактарда сот мекемелеринин материалдык техникалык базасы начар, сот отурумдары мыйзам деңгээлинде өтпөйт, соттолгон адамдардын жашоо шарты талапка жооп бербейт, айыптоочу жана жактоочу тараптар теңата иш алып барышпайт, териштирүүлөрдүн акыйкаттык принциптери бардык учурда эле аткарылбайт.

Иликтөө жүргүзгөн жергиликтүү беш бейөкмөт уюмдун бири, «Соломондун нуру» коомдук фондунун төрагасы Садык Махмудовдун тегерек үстөлдө билдиргенине караганда:

- Биз Ош облусундагы соттордун иштөө шарттарын иликтөөдө биринчи кезекте төмөнкүдөй проблемаларга кабылдык: жабдуулар, сот ишмердүүлүгүнө керектүү кагаз өңдүү арзыбаган зарыл буюмдар жетишпейт. Бул ириде сотко кайрылган адамдын укугун бузат. Себеби, эгер тиешелүү адам өкүм же чечим боюнча сот актысын өз учурунда ала албаса, андан ары ал өз учурунда даттана албай калат. Убаракерчилик пайда болот, анан тиешелүү адамдын укугу бузулат.

«Психикалык ден соолук жана коом» атуу уюмдун жетекчиси Бермет Толубаеванын айтымында, сот ишмердүүлүгүндө соттордун, адвокаттардын жана айыптоочу тараптын тең салмактуулугу мыйзам аркылуу бекемделгени менен, иш жүзүндө принциптер сакталбайт:

- Бизде Жогорку Соттун сот өкүмү тууралуу токтому бар. Анда өкүм отурумдагы соттук териштирүүлөрдө далилденгендердин негизинде гана чыгаары айтылган. Ага карабастан, сотто өкүм чыгарууда бул принцип бузулат.

Фридом Хаус уюмунун Кыргызстанда иштеп жаткан «Адам укугу боюнча демилгечилерди колдоо» долбоорунун кызматкерлери иликтөөнү кесипкөй адистер жүргүзгөнүн айтышат.

Бирок, бул иликтөөнү юстиция министрлигинин алдындагы сот департаментинин төрагасы Марат Бакиев тегерек үстөлдүн жүрүшүндө кескин сынга алды. Анын пикирине караганда, иликтөө плансыз даярдалган жана усул жетишсиз, талдоо начар, тыянак ынандырбайт. Мындай иликтөө сот систесмасын өркүндөтүүгө өз салымын кошо албайт:

- Соттордун, аппаратта иштегендердин айлыгы канча? Аны иликтөөнүн зарылдыгы жок болчу. Бизге келсе иликтөөсүз эле бермекпиз. Биз баарын билебиз. Кеп анда эмес болуп атат. Кеп материалдык аз каражат жумшоо менен чоң реформаны жүргүзүүдө болуп атат. Эгер ушундай сунуш беришсе мен бул биздин мырзаларга кол чабат элем, - дейт Марат Бакиев.

Ал эми «Адам укугу боюнча демилгечилерди колдоо» долбоорунун жетекчиси Стюарт Кан Фридом Хаус Кыргызстандагы сот системасын сынга алуу эмес, көмөк көрсөтүү максатын көздөөрүн Бакиевдин сын-пикирине берген жообунда билдирди:

- Биринчи кадам дайыма оор болот. Биздин юристтер ушул ишти аткарышууда. Алар бул кадамды сот органдарынын ишин келечекте жакшыртууга жардамдашуу максаты менен жасап жатышат.

Стюарт Кандын айтымында, мониторинг жүргүзүүнүн усулун Адам укугу боюнча Хелсинки мектеби даярдаган жана иликтөө аныктаган өксүктөр ошол эле региондорго эмес, жалпы сот тармагына мүнөздүү көрүнүш. Президент Аскар Акаевдин сөзүнө шилтеме берген Стюарт Кандын пикирине караганда, эгер азыр калктын 80 пайызы сотко ишеним көрсөтпөсө, келечекте ишеним көрсөтпөгөндөрдүн эсеби 20 пайызга чейин төмөндөшү ыктымал. Бул өз ара көмөктөшүү жолу менен ишке ашышы керек дейт Фрмдом Хаус уюмунун өкүлү.

АКШнын КАЛИФОРНИЯ ШТАТЫНДА ШАЙЛОО МЕНЕН КОШО РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮЛӨТ

Нарын АЙЫП, Прага 2-ноябрда Америка Кошмо Штаттарында кезектеги президенттик шайлоо өткөрүлөт. Ал шайлоо менен кошо АКШнын эң ири штаттарынын бири Калифорнияда элдик референдум да өтөт жана ага коюлган маселе - адам түйүлдүгүн изилдөөнү кеңейтүү жана ага өкмөттүк казынадан каражат бөлүү.

АКШда аялдарга боюнан алдырууга тыюу салынган, ошондуктан аборт маселеси кээде абдан жогорку саясий деңгээлде талкууланат, бир топ коомдук уюмдар болсо аялдардын укугун коргоп, бойдон алдырууга уруксат берүү үчүн күрөшөт. Ошондой эле адам түйүлдүгүн изилдөө тармагында дагы өлкөдө көптөгөн чектөө бар жана бул маселе дагы жогорку деңгээлде такай талкууланып келет, президент Жорж Буш болсо 2001-жылы андай изилдөөлөргө өкмөттүк каражат бөлүүнү чектеп койгон.

Адам түйүлдүгү эркек жана аялдын эки уячасынын бириккенинен пайда болот жана ал жалгыз бир уячадан кийин түйүлдүктүн сөөк, булчуң, териси өсүп чыгат. Бирок кайсы бир мезгилге чейин түйүлдүктүн уячалары бир-биринен айырмаланбайт жана алардын кайсынысынан кийин сөөк же булчуң өнүгөөрүн билүү мүмкүн эмес. Өзүндө ошондой бардык болочок мүмкүнчүлүктөрдү камтыган уячаларды илимде өзөк уяча деп атайт жана окумуштуулар алардан көптөгөн жаңы дары жасоого жетишти. Илимпоздордун пикиринде, ал өзөк уячаларды изилдөөнү улантса, карылардын алжыганын же диабет дартын айыктыра ала турган дарыларды чыгарса болот.

Бирок мамлекет андай изилдөөлөргө бир топ чек койгон, анткени өзөк уячаларды алуу үчүн түйүлдүктү жок кылуу керек. Өн төрт күндөн ашкан түйүлдүктү жок кылуу адам өлтүрүүгө барабар деп эсептелинет жана бул маселе аялдардын боюнан алдыруу проблемасы менен байланыштуу. Президенттик үчүн азыр күрөшүп жаткан сенатор Жон Керри менен азыркы президент Жорж Буш ортосундагы телетаймаш учурунда дагы өзөк уячаларды изилдөө маселеси козголду жана эки талапкер тең андай илимий-изилдөө иштерине мамлекеттик казынадан каражат бөлүнөөрү тууралуу билдирди. Буштун айтымында, андай иштерге 25 миллион долларга чейин ажыратылышы мүмкүн, Керри болсо 100 миллион доллар убада кылды.

Бирок, эгерде Калифорниядагы референдумда штаттын калкы өзөк уячаларды изилдөөнү кеңейтүүнү колдосо, андай изилдөө иштерине Калифорниянын бюджетинен үч миллиард долларга чейин каражат бөлүнүшү мүмкүн. Мынчалык көп акча баары бир кийин кайтарылат. Мисал үчүн, өзөк уячалардан мурда "Ксалатан" деп аталган көз дарысы чыгарылган жана ага төрт миллион доллар корогон. Бирок кийин бул дары сатыла баштаганда, андан мамлекеттик казынага салык түрүндө эле төрт миллиондон алда канча көп каражат түшкөн.

Илим таануучу Роналд Бэйлинин айтымында, өзөк уячаларды изилдөө иштери азыр саясатка такалууда: "Маселе толугу менен башынан тартып саясатташкан жана аборт маселеси менен байланышкан. Мунун бары - саясат. Менин оюмча, мындай изилдөөлөргө каршы чыккандар келечектен коркот. Тилекке каршы, президент Буш дагы ошондойлордун пикирин колдойт. Алар илимден жана илимий прогресстен коркот".

Бэйлинин айтымында, мындан 25-30 жыл мурда Америка коому жасалма урукташтырууга да каршы чыгып келген, бирок илим андайларга баары бир моюн бербейт. Андан тышкары, мындай изилдөөлөр баары бир башка мамлекеттерде жүргүзүлүп жатат жана азыр дүйнөдө жашаган эки миллион адам - жасалма урукташтыруудан жарыкка келгендер.

«КЫРГЫЗТЕЛЕКОМ» САТЫЛДЫБЫ?

«Кыргызтелеком» акционердик коомунун мамлекетке тиешелүү 51пайыз акциясын сатууга өкмөт бир нече жылдан бери аракет кылып келатат. Акыркы тендер быйылкы жылы өткөрүлүп, анын биринчи этабында германиялык Arextech DETEcon компаниясы 16 миллион 200 миң доллар сунуштоо менен жеңишке жетишкен. Бирок Жогорку Кеңештин Эл өкүлдөр жыйыны тендерди токтотууну сунуштаган токтом кабыл алган.

Өлкөдөгү байланыш тармагындагы монополист “Кыргызтелекомду” сатуу аракети 1990-жылдардын соңунда башталган. Ал кезде өкмөт 51пайыз акция үчүн 150 миллион доллар алууга үмүттөнгөн. Ал эми Дүйнөлүк банк жана Европа өнүктүрүү банкы “Кыргызтелекомдун” акциясынын базар баасын аныктоо үчүн ошол кезде иликтөө жүргүзүп, анын 300 миллион доллардын тегерегинде болоорун аныктаган. “Ал баанын реалдуу экендигин ошол жылдары Латвия мамлекетинин “Кыргызтелеком” сымал байланыш компаниясын 500 миллион долларга жакын суммага сатканы далилдеген. Латвиянын телекомунун абоненттеринин саны, техникалык абалы “Кыргызтелекомдой” болчу”, дейт өлкөнүн мурунку Байланыш министри Абдыжапар Тагаев. Ал эми азыркы учурда монополист ишкананын 51пайыз акциясына аз баа берилип жатышын Абдыжапар Тагаев мындайча түшүндүрдү:

- Тендер ачык өткөрүлбөй жатат. Ошондуктан көпчүлүк фирмалар катышуудан чочулап турат. Ал эми катышкандар болсо ортомчу фирмалар болуп жатат. Аларды эч ким билбейт.

Анын айтымында, стратегиялык мааниси бар “Кыргызтелекомдун” акциясынын контролдук пакетин сатуу туура эмес. Анткени анын мамлекеттин коопсуздугуна таасири бар. Андан сырткары ал кирешелүү ишкана.

“Кыргызтелекомдун” финансылык отчетуна караганда-ал өткөн жылды 101 миллион сомдон ашуун таза киреше менен аяктаган.

Эл өкүлдөр жыйынынын депутаты Жаныш Рустанбеков “Кыргызтелекомдун” 51пайызакциясын сатууну токтотуу тууралуу токтомдун кабыл алынышы жөнүндө буларды билдирди:

- Тендердин туура эмес өткөрүлүп жаткандыгы жөнүндө бизге кабар түшкөндүктөн-биз тендерди өткөрүүнү убактылуу токтотуу тууралуу токтом кабыл алганбыз. Буга “Кыргызтелекомдун” өтө чоң тармак, стратегиялык мааниси бар ишкана экендиги себеп болду.

Токтом 2004-жылдын июль айында кабыл алынган. Бирок сентябрь айында Мамлекеттик мүлк фонду 51пайыз акциянын сатуу боюнча тендерде германиялык фирманын жеңип чыкканын жарыялаган.

Эл өкүлдөр жыйынынын сессиясынын алдында болсо Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Равшан Жээнбеков 51пайыз акцияны сатуу боюнча сүйлөшүүлөр токтотулуп тургандыгын, палатанын токтомунун мыйзамдуулугун аныктоо максатында өкмөттүн юридикалык бөлүмүнө, юстиция министрлигине кайрылгандыгын билдирген.

Эл өкүлдөр жыйынынын депутаты Жаныш Рустанбеков мүлк комитетинин мындай кадамын айыптап, Конституцияга ылайык өкмөт Жогорку Кеңештин токтомун кыйшаюсуз аткарыш керек, деген оюн билдирди.

Кандай болгон күндө да “Кыргызтелекомдун” акциясын алууга аракеттенген фирмалар Жогорку Кеңештин тендерди токтотуу тууралуу токтому бар экенин эске алууга тийиш, дейт Жаныш Рустанбеков.

“Кыргызтелекомдун” айланасында түзүлгөн кырдаалга баа берүүсүн өтүнүп Юстиция министринин биринчи орун басары Эркинбек Мамыровго кайрылганыбызда- азыр эч кандай маалымат бере албасын билдирди.

ПУТИНДИН ЖЕРГИЛИКТҮҮ БИЙЛИКТИ ДАЙЫНДОО ДЕМИЛГЕСИН ШАЙМИЕВ СЫНГА АЛДЫ

25-октябрде Татарстандын президенти Миртимер Шаймиев мындан бир ай мурда Владимир Путин сунуш кылган жаңы мыйзам долбоорун сынга алды. Ал долбоордо эгерде регионалдык парламенттер Маскөө сунуш кылган губернаторду бекитпесе анда Орусиялык президент андай парламентти тарката алат деп жазылган. Шаймиевдин баамында, жер-жерлердеги парламенттер губернаторлорду өздөрү тандоого укуктуу болууга тийиш. Буга дейре орусиялык лидер көтөргөн демилгени барлык жерде унчукпай кабылдап, колдоого алып келатышкан. Ошондуктан Татарстан жумуриятынын лидери аны сынга алышы кыйла кишинин кулагын түргүздү дешет. Путин сунуштаган, регионалдык бийлик органдарын калыпка салуу мыйзамы келе жаткан жылдын 1 январынан тартып күчүнө кирмекчи.

Сентябрдын ортосунда сунуш кылынган Путиндин демилгесине үч гана субъекттин: Ненецкий губернатору Владимир Бутов; Иванов губернатору Владимир Тихонов, Мурманск губернатору Юрий Евдокимов бийликти жаңы калыпка салуу түзүк жыйынтык бербейт деп аны сындаган эле. Ошондон бери бардык аймактарда Путиндин демилгесин колдоого алуу болуп келет. Мурунку аптада Ленинград обулустук думада жаңы мыйзамды кубаттаганга катышкан ал жерлик депутат Василий Поляков мындай дейт:

- Дегинкиси, мыйзамдын жалпы мазмууну колдоого алынды. Канткен менен эл кайра кайра шайлоого катышкандан тажап болушту. Жамандоододон тажашты. Алардан небак качышы керек болуучу.

Эми Татарстан лидеринин баамына келсек, ал: жаңы мыйзамдагы жергиликтүү парламентти Маскөөлүк бийликтин таркатып ийиши, региондордогу мыйзамдык органдарды тоталдык контролдукка алууга алып келет деген. Андан ары дагы бир сунушунда президент Шаймиев:

- Кадрлар маселесинде, кандай гана мыкты кадр тандоо болбосун, айталы, эгерде, жергиликтүү парламенттерди президент таркатууга укугу болсун дейли,- мен андай болушуна таптакыр каршымын,- ошондо да, кадр маселесинде ката кетирүү болбой койбойт, - дейт Татарстан лидери.

Сырттан көз салуучулар мындай көрүнүштү эки тараптын тымызын жүргүзгөн соодалашуусу деп түшүндүрүшөт. Орусиянын улуттук стратегиялык советинин мүчөсү Владимир Жерихин айтканга караганда:

- Казандын биринчи көтөрүлүшү эсиңиздедир. Бул Казандын - экинчи көтөрүлүшү. Анын биринчи көтөрүлүшүн Маскөө Татарстандын бардык жер байлыгын Шаймиев менен татар элитасына ээ болгула деп толук өткөрүп берүү менен баскан, - дейт бийлик тараптык эксперт.

Ошол эле учурда Шаймиевди жангыз экен деш да натура. Ар кайсы бурчтан тил кайруу байкала баштады. Маселен, Астаркан обулустук думанын депутаты Олег Сарычев мындай деген ой айтат:

- Элден мурда сенаттарды шайлоону тыйып салышты. Эми губернаторлорду шайлоону тыйганы турушат. Андан кийин шаар мэрлерин андан кийин президентти шайлоодон баш тартабыз.

Баса, ал обулуста жакында губернаторду тандоо өтөт. Өлкөдө жаңы мыйзамды Мамдума кабыл алганга чейин жергиликтүү бийлик ээсин шайлоого укуктуу: Астаркан, Псков, Брянска обулустарында жакында губернаторлору шайлоо өтөт.

АМЕРИКАЛЫКТАРДЫН КӨЗӨМӨЛҮ АЛДЫНДА ИРАКТА ИРИ ӨЛЧӨМДӨГҮ ЖАРЫЛУУЧУ ЗАТ ЖОГОЛГОН

Нарын АЙЫП, Прага Иракка каршы былтыр согуш башталаар алдында өлкөдө иштеген эл аралык инспекторлор 350 тоннага жакын жарылуучу затты Багдад шаарынан түштүк жактагы Ал-Какаа аттуу жерге калтырып кеткен. Бирок согуш башталгандан кийин анын баары уурдалып жоголгон жана ал тууралуу эми гана белгилүү болууда. 2-ноябрда өтө турган президенттик шайлоодо Жорж Бушка атаандаш боло турган сенатор Жон Керри бул окуяны - АКШнын азыркы өкмөтүнүн эч нерсеге жөндөмсүз экенинин дагы бир далили катары келтирүүдө.

Ал-Какаадагы жарылуучу заттар жоголгону тууралуу 25-октябрда "Нью-Йорк таймс" гезити жазып чыкты жана ошол эле күнү Өзөктүк кубат боюнча эл аралык агенттиктин деректири Мохамед Элбарадеи Бириккен Улуттардын Коопсуздук Кеңешине ал тууралуу кат жолдоду. Ал жарылуучу заттар өзөктүк технологияда колдонушу мүмкүн жана инспекторлор аларды мурда катуу көзөмөл алдында кармаган, бирок АКШ Иракка каршы согуш баштаар алдында Вашингтон бардык эл аралык текшерүүчүлөрдүн өлкөдөн чыгып кетишин талап кылган. Агенттиктин айтымында, Ал-Какаадагы заттар кайтарылыш керек деп алар АКШ жетекчилигине билдирген.

Анткен менен 2003-жылдын 9-апрелинде америкалык аскерлер Багдад шаарына киргенден кийин, калаанын улуттук музейлери менен китепканалары ачык-айкын тонолгон сыяктуу, Ал-Какаадагы жарылуучу заттар дагы белгисиз адамдар тарабынан уурдалган. Элбарадеинин айтымында, кооптуу жерлер Иракта жакшы кайтарылбай жатканы тууралуу өлкөнүн жаңы өкмөтү мурда эле тынчсыздануу билдирген жана октябрдын башында ал жөнүндө Элбарадеи дагы Коопсуздук Кеңешине атайын кайрылган.

АКШ мамлекеттик катчылыгынын өкүлү Адам Эрелинин айтымында, өкмөт бардык чараларды көрүүдө, бирок жердин баарын кайтаруу мүмкүн эмес: "Иракты бошотуу аракеттери башталгандан бери биз курал сакталган жердин баарын көзөмөлдө кармоо үчүн бардык чараларды көргөнбүз. Бирок Ирак өтө аскерлешкен мамлекет болгондуктан, анын бардык 100 пайыз аскерий түзүлүштөрүн 100 пайызга кайтаруу мүмкүн эмес".

Бирок өзөктүк куралды көзөмөлдөө боюнча америкалык Висконсин долбоорунун деректири Гэри Милхоллиндин айтымында, Ал-Какаадагы заттар тууралуу ар бир жетекчи билип, аны кайтарууга бардык аракеттерди көрүүгө тийиш болчу: "Жарылуучу заттарды өндүрүү жана аларды сактоо боюнча ал эң негизги жер болчу. Ошондуктан инспекторлор ошол жерде болгон. Аны ар бир адам билген жана аны кайтаруу - бийликтин эң негизги максаты болуш керек эле".

Иракта мурда инспектор болуп иштеп кеткен Дэвид Кэйдин айтымында, эми алардын баары согушкерлердин колунда: "Иракта акыркы мезгилде өтө көбөйүп кеткен жардыруулар үчүн ошол жерден жарылуучу заттар алынган, анткени согуш аяктагандан кийин ал эч кайтаруусуз калган".

Маселе чыгаары менен президенттикке талапкер Жон Керри андан пайдаланып, өкмөттү дароо катуу сынга алды: "Үстүбүздөгү жылдын май айында эле өкмөткө - террорчулар ири өлчөмдөгү жарылуучу зат таап алганы тууралуу маалымат берилген. Эми биз билип жатабыз - бул президент жөнөкөй жана негизги нерселерди жасай албагандыктан, биздин аскерлердин коопсуздугу камсыз болгон эмес. Бул Ирактагы эң чоң каталардын бири".

Өткөн жылдын апрелинде Саддам Хусейн президенттиктен кулатылгандан кийин, Ирактагы бийлик толугу менен америкалыктарга өткөн, өлкөнүн убактылуу өкмөтү бир жылдан ашкандан кийин гана түзүлгөн.

КЫРГЫЗСТАНДЫН ПРЕЗИДЕНТИ ПАРЛАМЕНТКЕ КАЙРЫЛУУ ЖОЛДОДУ

Шейшемби күнү Кыргызстандын президенти Аскар Акаев Жогорку Кеңештин кош палатасынын депутаттарына жана өлкө элине кайрылуу жолдоду. Президент өз кайрылуусун өлкөнүн тарыхындагы эң жооптуу тагдыр чечээр кайрылуу деп атап, ага улуттук, регионалдык жана эл аралык окуялардын өнүгүшү милдеттендирип жаткандыгын баса белгиледи.

Президент Аскар Акаев кайрылуусунда Кыргызстандын ички, тышкы саясаты, экономикасы менен идеологиясы жана парламенттик, президенттик шайлоолорго байланыштуу алдыда турган милдеттерге токтолду. Экономика тармагында кезегинде «шок терапиясын» баштан кечирген Кыргызстан азыр системалык кризистен арылып, ырааттуу өнүгүүгө бет алгандыгын белгиледи. Президенттин айтымында, өзүнүн газы, мунайы жок өлкө үчүн өзөктүү булак болгон энергетика тармагында терең ойлонулган структуралык реформа жүргүзүү зарыл. Эгер бул аракет ишке ашса Кыргызстан Дүйнөлүк банк баштаган эл аралык каржы уюмдардан колдоо табат. Бирок, бул багытта өкмөт менен Жогорку Кеңештин аракети начар:

- Тилекке каршы, өкмөттүн ишинде бул багытта жетишээрлик жигердүүлүк жана чечкиндүүлүк байкалбай жатат. Кептин ачыгын айтсак, энергетика тармагында бирдиктүү реформаны жүргүзүүгө Жогорку Кеңеш бут тосууда.

Аскар Акаев экономиканы өнүктүрүү үчүн алдыда эмгек өндүрүмдүүлүгү менен продукциянын сапатын жогорулатуу, айыл чарба продукцияларын сатып өткөрүү системасын түзүү жана жумушсуздукту бизнес инкубаторлор аркылуу жоюу милдетин өкмөттүн алдына койду.

Президенттин кайрылуусунун өзөктүү учуру демократияны өнүктүрүү, радикализмге каршы туруу жана мамлекеттик бийликте акыйкат башкарууну камсыз кылуу багыты болду. Демократиялык процесс Кыргызстан үчүн деле кол жеткис көрүнүш эмес экендигин жана ага алдыдагы шайлоону калыс өткөрүү негиз түзөөрүн баса белгиледи:

- Мамлекеттик бийликтин бүт бутактары бардык деңгээлде жалпы коомчулук менен бирдикте шайлоо өнөктүгүн үлгүлүү, эң бийик эл аралык стандарттарга туура келгидей, демократиялык атаандаштык негизде ачык-айрым жана акыйкат өткөзүү милдетин коюшубуз керек. Бул мамлекеттик маанидеги эң жооптуу милдет.

Президенттин айтымында, бул аракет бийликти ырааттуу өткөрүүгө шарт түзөт:

- Мындай шартта жигердүүлүктү жоготпой,жакшы жыйынтыктарды жалгаштырып, бийликтин ырааттуу өткөрүлүп берилишин камсыз кылуунун мааниси зор деген ойдомун, - деди А.Акаев.

Президенттин мындай билдирүүсү шайлоолор калыс өтөөрүнө үмүт жаратты деп, парламенттин жана коомчулуктун өкүлдөрү колдоо менен кабыл алышты. Алардын бири, Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты Акылбек Жапаров өз оюн:

- Президент Конституцияны сактайбыз, шайлоо адилет болот деди. Мен ага мурун эле ишенгем, азыр дагы ого бетер бекем ишене баштадым. Парламенттик шайлоо бир топ жеңилдеп, ачык-айкын жана адилет өтөт го деген ойго келип жатам, -деп билдирди.

Ал эми Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты Ишенбай Кадырбеков президенттин стратегиялык маанидеги ишканаларды менчиктештирүү зарыл деген саясаты мамлекеттин коопсуздугуна коркунуч жаратаарын билдирди. Депутат андан тышкары Аскар Акаевдин энергетика тармагын менчиктештирүүгө Жогорку Кеңеш бут тосуп жатат деген билдирүүсүн четке какпай, анын себебин төмөнкүчө түшүндүрдү:

- Ошо бут тоскондордун арасында мен да бармын. Энергетикалык тармак чет өлкөлүк инвесторго концессияга берилет демиш болуп бүтүндөй энергетика тармагын менчиктештирип алалы дегенге каршы чыгып жатам. Жыйырма күндөн бери кворумду болтурбай, мыйзамдар өтпөшүнө бир топ аракет кылып жатабыз. Анткени, бул реформа эмес. Бул элдин болгон байлыгын таратып, сатуу жана жоготуу деген эле нерсе. Аны менен кыргыздын акыркы байлыктары жоголот.

ПРЕЗИДЕНТ ШАЙЛООЧУЛАРДЫН БАШ БАРМАГЫНА БЕЛГИ КОЙУУ ЖӨНҮНДӨГҮ МЫЙЗАМГА КОЛ КОЙДУ

Азиза Турдуева, Бишкек Президент Аскар Акаев «Шайлоо Кодексине өзгөртүү киргизүү жөнүндөгү» мыйзамга кол койду. Ага ылайык, парламенттик жана президенттик шайлоолордо добуш берүү учурунда шайлоочулардын сол колунунун баш бармагына белги коюлат. Мыйзам Кыргызстанда шайлоолорду эл аралык стандарттарга ылайык, акыйкат жана тунук өткөрүү максатын көздөйт. Президент кол койгон бул мыйзамга карата коомчулукта карама-каршы пикирлер айтылууда.

Шайлоо учурунда баш бармакка белги койуу каралган «Шайлоо Кодексине өзгөртүү киргизүү» жөнүндөгү мыйзам Жогорку Кеңеште 13-сентябрда кабыл алынган. Ага карата башынан эле карама-каршы пикирлер айтыла баштаган. Мыйзам долбоорун иштеп чыккан депутат Өмүрбек Текебаев белгилегендей, анын башкы максаты: шайлоо учурунда бир адамдын кайра-кайра добуш берүүсүнө байланыштуу мыйзам бузууларга бөгөт койуу болуп эсептелет.

Буга чейин айрым коомдук уюмдар баш бармакка белги койулушуна карата каршы пикирлерин айтып келишкен. Кыргызстан бейөкмөт жана коммерциялык эмес уюмдарынын торайымы Токтайым Уметалиева буга байланыштуу мындай пикирин билдирген:

- Бармакка белги койуп, кыргыздар эмне, койбу? Мунун биздин элге кереги жок. Анын каражатын ким төлөйт? Эсептөөлөр боюнча бир шайлоодо гана бул белгини койуу үчүн 300 млн акча керек экен. Андай ашык акча болсо, аны биз жакыр үй-бүлөлөргө, айлык акысы жок отурган мугалимдерге, пенсионерлерге беришибиз керек. Анын үстүнө, чет өлкөлөрдөн алган карызыбызды да төлөө мөөнөтү келди. Алар бизге улам карыздарды төлөө жөнүндө эскерте башташты.

Долбоор Мыйзам чыгаруу жыйынында каралып жаткан учурда болсо, өлкөнүн Борбордук Шайлоо комиссиясынын төрагасы Сулайман Иманбаев президент бул мыйзамга кол койбойт деген көз карашын билдирген:

- Бул мыйзам долбоору боюнча өкмөт менен формалдуу түрдө болсо да, талкуу болгон жок. Президент бул мыйзамга кол койбойт. Анын буга укугу жок, - деп айткан Сулайман Иманбаев.

Мыйзамга президент тарабынан кол коюлушу өлкөдөгү бир катар укук коргоо, бейөкмөт уюмдар жана саясий партиялар тарабынан колдоого алынды. «Демократия жана атуулдук коом үчүн» Коалициясынын төргагасы Эдил Байсалов буга байланыштуу «Азаттыкка» мындай пикирин билдирди:

- Президент бул мыйзамга кол койуу менен эң туура кадам жасады. Алдыдагы шайлоолордун чыныгы демократиялык принциптердин негизинде өтүшүнө бул мыйзам өзүнүн таасирин тийгизет деп ойлойм. Биздин Коалиция бул мыйзамды калк арасында түшүндүрүүлөр боюнча бир нече ирет семинарларды өткөрдүк. Бул Кыргызстан үчүн өтө маанилүү окуя.

«Кылым шамы» бейөкмөт уюмунун төрайымы Азиза Абдрасулова да, Шайлоо Кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөгү мыйзам долбооруна кол коюлушу алдыда боло турган шайлоолордо мыйзам бузууларга бөгөт койот деген оюн ортого салды:

- Эми мындан ары Кыргызстанда шайлоолордун акыйкат жана тунук өтүшү үчүн баш бармакка белги койуу өтө зарыл. Анткени, бизде шайлоолордо бир эле адамды бир нече ирет кайра-кайра добуш бердиртүү ыкмасы өтө көп колдонулат. Бул мыйзам жок дегенде, мыйзам бузуунун ушул түрүнө кандайдыр бир бөгөт койот.

«Арнамыс» партиясынын төрагасы Эмил Алиев болсо:

- Баш бармакка белги койуу менен гана адилет шайлоону камсыздоо болот деп айтуу мүмкүн эмес. Ал үчүн бийликтин саясий эрки керек. Шайлоочулардын активдүүлүгүн жогорулатуу керек.

Депутат Өмүрбек Текебаевдин оюнча, аталган мыйзамга президент өз эрки менен кол койгон жок:

- Бул мыйзамга президент эл аралык уюмдардын таасири менен гана кол койду деп эсептейм. Анткени, бул мыйзам долбоору сунушталгандан кийин эле, ага каршы пикирлер айтыла баштаган. Таасирлүү эле саясатчылар «Кыргыз туусу» жана башка гезиттерде бул мыйзамга каршы пикирлерин билдиришти эле. Эми бул мыйзамдын кабыл алынышы менен эле, өлкөдөгү шайлоолор ачык-айкын өтө баштайт дегенден алысмын. Бирок, шайлоо учурунда эң массалуу түрдө орун алган мыйзам бузууларга бөгөт коюлат, - деди Өмүрбек Текебаев.

Айрым саясий партиялар белгилешкендей, Кыргызстанда акыйкат шайлоолор өтушү үчүн, эң оболу шайлоочулардын аң сезимин жогорулатып, алардын арасында тиешелүү иш-чараларды жүргүзүү зарыл. Бул жөнүндө «Менин өлкөм» партиясынын жетекчилеринин бири Курманбек Дыйканбаев мындай дейт:

- Эми бармакка белги койуу деле, адамдар тарабынан жасалат да. Ал үчүн краска алынып келинет, аны кимдир бирөөлөр текшеришет, бул жерде деле административдик ресурстар пайдаланылышы мүмкүн. Чыныгы акыйкат шайлоолорду өткөрүүгө болсо, шайлоочулар өздөру жооптуу. Алар кимге добуш берүүсүн так билип, өз добуштарын сатпай, шайлоолорго жигердүү катышышы керек.

АКШ: ЖОГОРКУ СОТТУН ТӨРАГАСЫ УИЛЬЯМ РЕНКВИСТТИН САЛАМАТТЫГЫНАН КЕЛИП ЧЫККАН СӨЗ

Кошмо Штаттардын Жогорку Сотунун төрагасы Уильям Ренквист (William Rehnquist) рактан дарыланат деген дүйшөмбү күнкү кабар АКШ коомчулугунда анын мураскери ким болот жана мураскердин атын атоочу президент ким деген суроону пайда кылды. 2-ноябрда америкалык шайлоочулар президент Жорж Бушту дагы төрт жылга шайлайбы же сенатор Жон Керри үчүн добуш беришеби, азырынча беймаалым. Саясый талдоочулардын айтымында, АКШнын болочок президентине түрдүү талапкерлердин ичинен Ренквистин ордуна татыктуу адамды тандап алууга туура келет.

80 жаштагы Уильям Ренквист өткөн жума күнү дем ала албай кыйналгандан улам Вашингтондогу ооруканалардын бирине жаткырылды. Жогорку Сот өз билдирүүсүндө Ренквист рактын диагнозу менен жаткырылганын белгилеп, ал келаткан дүйшөмбүдө жумушка чыгаарын эскертти.

Жогорку Сот АКШнын бийлик системасында Конгресс жана өлкө президенти менен катар турат. Ал Кошмо Штаттардын башмыйзамында көрсөтүлгөн бирден бир сот мекемеси. Конституцияны чечмелөө, штаттардын мыйзамдарынын федералдык заң-закондорго каршы келбөөсүнө көз салуу; Американын саясый жана адептик негизи эсептелген жарандардын укугу, балдарды бойдон алдыруу сыяктуу маселелерде же татаал кылмышты тергөө учурунда полицияга кошумча бийлик укугун берүү –мунун баары Жогорку Соттун вазийпасы.

Келечекте мындай маанилүү маселелерди Жогорку Сот кандай чечээри 2-ноябрда президент шайланчу адамга көз каранды иш. Вашингтондогу Америка университетинин профессору Аллан Лихтмандын пикиринде:

- Менин оюмча, дайындоо өлкөнүн багытын түп көтөрө өзгөртүшү мүмкүн. Ренквист алмашкандан кийин, өлкө мамлекет колдогон моралдык баалуулуктарга кайрылабы же жокпу, болбосо адеп-ахлак маселесинде түрдүү көз караштарга сабырдуулук менен либералдуу мамиле кылып, ага мамлекет кийлигишпейби? Муну Жогорку Сот аныктайт.

Аллан Лихтмандын сөзүнчө, Жогорку Сот Американын тышкы саясатына көрүнөрлүк таасир эте албайт. Себеби, тышкы саясат- бүтүндөй президенттин эркинде. Бирок, терроризмге каршы согуш маселесинде Жогорку Соттун сөзүн президент угууга мажбур дейт профессор Лихтман:

- Тышкы саясаттын чордонуна террорго каршы согуш коюлган шартта, өкмөт АКШ жарандары менен чет элдиктерди аңдууну жана көзөмөлдөөнү күчөтө алабы? Бул суроону чечүүдө соттун сөзү өктөм болот. Бул ХХ1 кылымдын талуу маселеси.

Вашингтондогу бейөкмөт Като институтунун изилдөөчүсү Патрик Башамдын айтышынча, демократ Жон Керри непада президент шайланса, ал граждандардын укугун терең урматтаган адамдын Жогорку Соттун төрагасы болуусун каалаайт. Бирок, Сенатта республикачылар үстөмдүк кылгандыктан, байыстуу көз караштагы адамды сунуш кылаары айкын. Ал эми Буш балдарды бойдон алдырууга каршы жана полицияга дагы чоң укук берүүнү жактаган адамды Жогорку Соттун башчылыгына тандайт. Балким, президент Рейган сыңары аял кишини сунуш кылышы да мүмкүн дейт Патрик Башам:

- “Буш: Рональд Рейгандын сотко биринчи аялды дайындаганы алиге унутула элек. Мен биринчи испан аялды сотко төрага кылам,” - деп ойлошу мүмкүн. Сунуш кылынган адамды дайындоодо бир аз идеологиялык компромисс жана өз ара түшүнүүчүлүк да болушу ыктымал. Мындай учурда демейде байистүү адамдардын пикири жеңип кетет.

Президент Рейган 1981-жылы теги испан Сандра Дей О”Коннор айымды Жогорку Сотко мүчө кылып дайындаган. Испандар азыр АКШда тез көбөйүп бараткан улут. Талдоочулар жашы 80 атап калган Уильям Ренквист менен чогуу Жогорку Соттун тогуз мүчөсүнүн кээ бирлери да алмашаарын айтышууда. Башамдын пикиринде:

– Келерки президент учурдан пайдаланып, тандоо мүмкүнчүлүгү болуп, азыркы саясатчылар уруксат берсе, соттун курамын радикалдуу эле өзгөртөт.

АКШнын Жогорку Сотунун 74 жаштагы мүчөсү О”Конор айымдын да саламаттыгы осол. 71 жаштагы Роуз Бадер Гинзбург айым жана соттун карыя мүчөсү 84түн кырындагы Жон Пол Стивенстин илдети оор экени маалым.
Дал ушул соттор 2-ноябрдагы шайлоодон кийин алмашуусу толук мүмкүн.

ПУТИН УКРАИН ДОБУШ БЕРҮҮЧҮЛӨРҮНӨ ҮГҮТ ЖҮРГҮЗҮҮ МАКСАТТА ҮЧ КҮНГӨ КИЕВГЕ КЕЛДИ

Орусиянын президенти Владимир Путин бүгүн, 26-октябрде, Киевге үч күндүк иш сапары менен келди. Ал Украинанын улуттук үч сыналгысынан бир убакта чыгып сүйлөп, кишилердин телефон аркалуу же интернет барагы аркалуу берген суроолоруна жооп бермекчи. Украинада ушул жекшембиде өткөнү аткан президентти шайлоо алдында Кремлдин кожоюнунун Киевге барышын кайсы бир анализчилер анын Януковичтин атын чыгарыш үчүн жасап аткан үгүтү деп баалашууда.

Боордош өлкө Украинага Путин көп эле барат. Бирок бул жолку анын баруусу мурдагыларга окшобойт. Анализчилер алдыда жекшембиде өткөнү аткан шайлоодо өлкөнүн лидери болуп азыркы премьер-министир Виктор Янукович шайланышын каалагандан улам Путин Киевге барды дешет. Баса, Кремль ал талапкерди шайлоо кампаниясы башталгандан колдоого алып келет. Мындай көрүнүш мындан ары жеке эле Украина эмес башка өлкөлөргө да боло тургандыгын Орусиянын соода-өнөржай палатасынын президенти Примаков айтты:

- Украинада же башка жерлерде болсун жаңы жетекчинин шайланышы Орусияга карата мамилени баштанаяк жаңыртпаса, 180 градуска көчүрүлгөн жаңы мамиле түзүүгө алып келбесе анда андай талапкерди ачык эле айтып, колдобой коюш керек. Кереги жок, - дейт айтылуу саясатчы Евгений Примаков

«Независимая газетага» жарыялаган макаласында (25.10.04) Максим Гликин:

- Орусиялык жетекчинин Киевдеги үч күндүк иш сапары расмий түрдө - фашисттик баскынчылардан Украинаны бошотконго 60 жыл толгондугун белгилөө үчүн дейт, а чындыгында – премьер Виктор Януковичке колдоо көргөзүү үчүн барды, - дейт.

Дегинкиси талапкер болуп катталгандар ичинен төртөөнүн аты алдыда келатат. Алардын ичинен дагы эки талапкердин: Виктор Юшенко менен Виктор Януковичтин бири жеңишке жетет деген аңырт бар. Өлкөнүн батышынан чыккан Юшенконун бедели да эл арасында кыйла жогору. Аларды колдоого алгандар көчөгө миңдеп чыгууда:

Орусиялык бийик даражалуу коноктун элди үгүттөө аракетин Украинанын Жогорку радасынын «Социалисттик» фракциясынан депутат Иван Бойкий мындай түшүнөт экен:

- Бул башка мамлекеттин ички ишине кийлигишүү болуп эсептелет. Биз мурда эле Орусия Януковичти колдоого алып атат деп айтып келатканбыз, - деди.

Ал эми Жогорку раданын «Юлия Тимошенко» блогунун лидерлеринин бири Александр Турчинов айтканга караганда:

- Украинадагы президентти шайлоого Орусия Федерациясынын көргөзүп аткан ачыктан ачык кысымы бардык адептүүлүктүн чегин артта калтырды, - дейт.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG