Кубат Оторбаев, Прага 26-декабрда Украинада президенттик шайлоонун экинчи айлампасынын кайра добуш берүүсү өттү. Аны оппозициядан талапкер Виктор Ющенко утуп алды. Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматына караганда бюллетендердин 98,66 проценти саналып бүткөндөн кийин Ющенко 52,28 процент алганы, ал эми Янукович 43,93 процент топтогону жарыяланды.